Эне жөнүндө баллада..

ээ 84******************************************************************

Нуркыз РЫСКУЛ кызы.
1991-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылында төрөлгөн. Алгач Ак-Кыя айылындагы Асааналы Абдраимов атындагы орто мектептен окуп, кийин Бишкек шаардык №-87 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. 2014-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин Кыргыз филологиясы факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эл аралык «Нурборбор» чыгармачыл жаштардын академиясынын алдында уюшулган «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү. (2011) «Поэзия, сени сүйөм!» (2011) аттуу ыр жыйнагынын автору. «Кыргыз жаштар поэзиясынын» (2012) антологиясына тандалма ырлары кирген. (2012) «Селкилердин селкинчек» аттуу жаш акын кыздардын арзуу ырлары камтылган китепке ырлары кирген. Кыргыз радиосу тарабынан уюштурулган «Таланттар таймашы» уктуруусунун акындык өнөр боюнча 2-даражадагы дипломунун 2 жолку ээси. 2012-жылы Коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин диплому, (2015) Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөөлүү, бир кыздын сүйүктүү энеси. Бишкек шаарында жашайт.

ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА

Эсимде экзамендер бүтүп калган,
Эл толгон жерден унаа күтүп калгам.
Жаз эле, жука көйнөк кийип алып,
Жамгырга калып бир аз үшүп калгам.

Жыкжыйма аялдама адам батпайт,
Жылууга жамгыр төгүп кадамдатпайт.
Бир-бирин жөөлөп өтүп улуу кичүү,
Бирине, бири барып амандашпайт..

Аңгыча унаа келди толуп алып,
Арт жактан жайланыштым орун алып.
Биз түшкөн автобуска түшүп калды,
Бир Эне, ымыркайын колуна алып.

Ортоктош болуп жолдо сапарыма,
Олтурду келип менин катарыма.
Баш-аяк суу болсо да аяр карайт,
Баласын катып алган чапанына.

Бала да, отурбай тынч ыйлап келди,
Басылбай энекесин кыйнап келди.
Жүзүнөн жаш Эненин бакыт көрүп,
Жүрөгүм бир башкача туйлап келди.

ээ 84Эне да, кайыл болуп тоңгонуна,
Энтеңдеп бара жатат жолдо мына.
Бар, жокко түшүнбөгөн бал тил кезим,
Балалык келип турду ойлорума.

Ашынган элден бөлөк эрке элем,
Апамды далай кыйнап эркелегем.
Атакем баарын алат керек болсо,
Асманда айды алып берсе дегем!.

Ал кезди келет бүтпөй баяндагым,
Аягы чекити жок баяндарым.
Апамдын ачуусуна тийген күнү,
Атакем болчу жалгыз таянганым.

Эң кымбат, атам-апам жакындарым,
Эч кимге алмаштыргыс асылдарым.
Канатың жайып дайым кучагы кең,
Канча ирет жамгырлардан жашырбадың.

Азыр мен терең ойго түшүп турам,
Айлымдын жытын эңсеп күтүп турам.
Төрүнө биз чоңойгон үйдүн жетпей,
Төгүлгөн жаанда калып үшүп турам.

Сароору, кусалыкты чектесемби,
Сагынган айылыма жетпесемби.
Бүтпөгөн түйшүктөрдүн баарын таштап,
Бүгүнтөн калбай туруп кетпесемби!.

АЯЛСЫҢ ДА ДЕБЕГИН!.

Аялсың да, алсызсың да дебегин,
Аным сени күчтүү болсун дегеним.
Эң негизги жеңишим да аялдык,
Эл жериңе тийип турса керегиң.

Өйдөдө өбок, ылдый болсоң таярмын.
Өзүң үчүн бар нерсеге даярмын.
Ооматым да бактым дагы сен менен,
Ошолүчүн алсыз назик аялмын.

А сен менин аскамсың да жөлөнчү,
А мен гүлмүн мээримиңден көгөрчү.
Баарыбыздын ырыскыбыз сен менен,
Балдарымдын төрөлгөн да, төрөлчү.

Ошондуктан башыңды ылдый салбагын.
Ооматым сен, жаркын мүнөз ардагым.
Өзүң бийсиң тагдырыма, багыма,
Өмүрүмдүн баарын сага арнадым.

САЛАМ КАТ.

«Салам кат! Окуулар жакшыбы?
Сага арнап ыр жаздым жактыбы?
Эч качан айрылбай жолубуз
Экөөбүз болобуз бактылуу».

Атайын «гүл» болуп жасалган.
Алгач мен өзүңдөн кат алгам.
Күзгүнү кайтарчу адат таап,
Күнүгө түрлөнүп жасангам.

«Жолдоду кат менен саламын,
Жооп бергин» -деп койгон талабын.
Карааны азыр да эсимде,
Кат берген кошуна баланын.

А көрсө күн мурун такташып,
Апакай барака кат жазып.
Бекиткен экенсиң келишим
Бергин деп ортодо кат ташып

Андагы сен жазган каттарың,
Айрыбай эчен жыл сактадым.
Көңүлгө кыт сымал уютуп,
Көмүскө сыр кылып каткамын.

Карабай кылчайып арт жагын,
Карасаң мезгилдин шашканын!
Жакшысы мен азыр бөлөктүн,
Жарысың сен дагы башканын.

АЙЫЛЫМА БАРГАНДА..

Көп болду айылыма келбегемин,
Көөнүмдө көксөгөмүн, эңсегемин.
Байоо кез, аруу жана таза бойдон,
Балалык күнүм калган сенде менин.

Күүгүмдө көчө шаңга толуучу эле,
Күлкү,ыр,оюн түрлүү болуучу эле.
«Кой кызым,чыкпагын» – деп энем мени,
Коңшунун балдарынан коруучу эле.

Элестеп ал кезекти толкуп алдым,
Эң сонун мезгил кандай болчу алтын.
Бактылуу ата болуп өзгөрүптүр,
Балдары ошондогу коңшулардын.

******************************************************************************************************************

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *