Маараке..

“КЫРГЫЗ КӨЧҮ” МЕКЕНЧИЛДЕР ТОБУНУН НЕГИЗДЕЛГЕН КҮНҮНӨ БҮГҮН
ТУПТУУРА ЭКИ ЖЫЛДЫН ЖҮЗҮ БОЛДУ.
МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН КАДЫРЛУУ “КӨЧМӨНДӨР”

Ааламтордун «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун төмөндөгү эң жигердүү мүчөлөрүн тобубуздун калыптанышына жана Эне тилибиздин өсүп-өнүгүшүнө тынымсыз зор салым кошуп келе жаткандыктарын эске алып, аталган топтун негизделгенине бүгүн 2 жыл толгондугуна байланыштуу мекенчилдердин «Кыргыз Көчү» коомдук фонду өздөрүнүн атайын «Ардак грамоталары» жана «Алкыш» баракчалары менен сыйлайт. Сыйлыгыңыздар кут болсун Достор!.

1. Урмат Аманбаева – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.
2. Уулкан Амираева – Ардак грамота, Маскөө шаарынан, Оруссия.
3. Кызжибек Мира – Алкыш баракчасы, Маскөө шаарынан, Оруссия.
4. Канат Мурзакул – Ардак грамота, Истамбул шаарынан, Түркия.
5. Эрик Раст – Ардак грамота, Том-Прайс шаарынан, Австралия.
6. Алтынай Темирова – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.

7. Айжан Кулмамбетова – Алкыш баракчасы, Бишкек шаарынан, КР.
8. Чынара Сарбагышова – Алкыш баракчасы, Бишкек шаарынан, КР.
9. Расул Салайдинов – Алкыш баракчасы, Кочкор шаарчасынан, КР.
10. Мирбек Кыргызстан – Алкыш баракчасы, Кара-Кулжадан, КР.
11. Бакыт Мырзатаева – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.
12. Гүлжакан Мавланова – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.

13. Хатира Асановна – Алкыш баракчасы, Бишкек шаарынан. КР.

ээ 16

 14. Айтмырза Абылкасымов – Ардак грамота, Бишкек шаарынан,КР.
15. Нурзат Мокеновна – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.
16. Алтынай Дүйшеева
– Алкыш баракчасы, Маскөө шаарынан, КР.
17. Миргүл Нарынбек
Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.
18. Калмамат Турдубаев – Алкыш баракчасы, Өзгөн шаарчасынан, КР.
19. Бахтияр Балтабаев – Алкыш баракчасы, Бишкек шаарынан, КР.
20. Самара Насырова – Ардак грамота, Маскөө шаарынан, Оруссия.
21. Азизбек Асабала – Алкыш баракчасы, Маскөө шаарынан, Оруссия.
22. Гүлзина Кадыркулова – Алкыш баракчасы, Маскөө шаарынан, Оруссия.
23.
Мирлан Мазеков – Алкыш баракчасы, Ысык-Көл обулусунан, КР.

ээ 18

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил бойунча
Улуттук  комиссиясынын атайын сыйлыктарына ээ болгон топтун мүчөлөрү:
1. Гүлсана Сарногоева Диплом. Фольино шаарынан, Италия.
2.
Улан Кошалиев – Диплом. Кимчон шаарынан, Корея.
3.
Аида Ахмад Жамал – Диплом. Абу-Даби шаарынан, БАЭ.
4. Жаныбек Жанызак  – Ардак грамота. Бишкек шаарынан. КР.
5. Жыргалбек Ажимат – Ардак грамота. Маскөө шаарынан, Оруссия.

6. Бектурсун Алибеков –  Ардак грамота. Майлуу-Суу шаарынан, КР.ээ 15

 ээ 17

8 thoughts on “Маараке..

  1. Ааламтордоғу,
    бүткүл дүйнө
    бүт аалам бойунча,
    қырғыздардын “Қырғыз Көчү” мекенчилдер тобунун мүчөсү жана сый ээси экендигиме сыймықтануу менен,
    бул тайпанын түзүүчүсү, алысқы Норвегиянын борбору Хельсинки шаарында жашаған мекенчил, эркин қырғыз журналисти Айдаралиев Асыран мырзаға жана анын акимдерине (администрациясына) ыраазычылығымды билдирүү менен аларға ийгиликтеррди қаалап, бул тайпанын жалпы мүчөлөрүн жана сый ээлерин, аталған дата күн менен қуттуқтап, мындан ары да мекенибиз жана мекен тилибиз үчүн болғон аракеттерибизде, чығармачылықтарда, албан ийгиликтерди қаалайм!

  2. Кадырлуу көчмөндөр! Барыңарды майрамыңар менен куттуктайм! Сыйлык ээлерин да кууттуктам кетмекчимин! Асран агага ыраазычылык! Менин арзыбас эмгегимди баалап койгонуна!

  3. Куттуктоо

    Урматтуу “Көчмөндөр” айылынын тургундары! Баарыңарды улуу майрамыңар менен куттукттаймын! Ишиңердеги ийгиликтерди каалаймын! Азыркы өтө активдүү “Көчмөндөр” айылынын тургундарын да “Балли-демекмин!” Азаматсыңар! Эми мен да, бир мезгилде силер менен бир айылда элем . Бир жылдан бери кире албай жүрөм. Техникалык себептер менен силерден алыстап турам. Урматтуу Асыкем, алтын иним! Азаматсың! Алыста жүрүп да элиңе Ала Тоодой эмгек кылып жатасың. Бар бол! Тилегиңе жет! Аллахым баардык тилегиңди кабыл был эткен болсун! Элиң үчүн дагы далай эмгекти кылаарыңа ишенемин. Майрамыңар менен достор! Ар дайым мен силер менен бирмин! Жашасын Кыргыз Мамлекети! Жашасын Кыргыз эли! Жашасын “Көчмөндөр!”

  4. Куттуктоо

    Урматтуу “Көчмөндөр” айылынын тургундары! Баарыңарды улуу майрамыңар менен куттуктаймын! Ишиңердеги ийгиликтерди каалаймын! Азыркы, өтө активдүү “Көчмөндөр” айылынын тургундарын да “Балли-демекмин!” Азаматсыңар! Эми мен да, бир мезгилде силер менен бир айылда элем . Бир жылдан бери кире албай жүрөм. Техникалык себептер менен силерден алыстап турам. Урматтуу Асыкем, алтын иним! Азаматсың! Алыста жүрүп да элиңе Ала Тоодой эмгек кылып жатасың. Бар бол! Тилегиңе жет! Аллахым баардык тилегиңди кабыл был эткен болсун! Элиң үчүн дагы далай эмгекти кылаарыңа ишенемин. Майрамыңар менен достор! Ар дайым мен силер менен бирмин! Жашасын Кыргыз Мамлекети! Жашасын Кыргыз эли! Жашасын
    “Көчмөндөр!” Бар болгула, алтындан да кымбат досторум! Гүлдөсүн Кыргыз Мамлекетим! Кубаттуу күчкө ээ болсун Кыргыз элим! Жыргал заман үчүн алга, достор!

    Силерди терең сыйлоо менен Калмамат Турдубаев.

    Калмамат on 30 Чын куран айы, 2014 at 01:33 said:

  5. Кадырлуу КӨЧМӨНДӨР майрамыңыздар менен , эки жашка толушуңуздар менен куттуктайм.
    КӨЧМӨНДӨР тобунун жигердүү мүчөлөрү сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
    Активдүү катышпасам да ,”Кыргыз Көчү” айылына күн сайын кирип , баардык жаңылыктарды окуп турам.
    Айыл башчысы Асыран байкеге ыраазычылык билдирем.Кыргыз Көчү эч токтобосун,өсүп өнүгө берели!

  6. Урматтуу Асыран Уулу Мелис!

    Сенин туулган күнүң менен “Байдыкенин барагы”

    тайпасынын мүчөлөрү чын дилибизден куттуктайбыз!

    Сага суудай узун өмүр, чексиз бак-таалай, ынтымак-ырыскерлик

    каалап кетмекбиз! Ата энене, Эл жериңе күйүмдүү,

    Кыргыз элибиздин чыныгы уулу болуп жетилишиңе тилектешпиз!

    Силердин үйүңөргө Алла Таалам кут-береке бере берсин!

    Баардык тилегиңерди кабыл кылган болсун! Дагы бир жолу өздүк

    майрамың менен куттуктайбыз!

    “Байдыкенин барагы” тайпасы.

  7. Китеп барагын айрыган, пайдаланган адамдарга миң наалат!

    Өзгөн базарынан райкан, жамбыл, сабиз, укроп уруктарын сатып алдым. Үйгө келип , жашылча уруктарын, жерди даярдап, палдап, бөлүп септим.
    Дем алып отуруп, ар бир урук оролгон кагаздар Кыргыз тилинин лексикасы боюнча китебинин барактарына оролгонун эми гана байкадым. Өтө капаландым.Соодагер, өзүбек Махмуджанды да уяткарып, айрылган кыргыз тилинин лекискалык китебин сатып алдым.
    Кетирген күнөөм үчүн кечире көр Аллахым!Кыргыз элим, силер да кечиргиле! Достор, ыйык китебибизге насвай жана башка нерселер сатылбашы үчүн күрөшөлү!Мага окшобой, парасаттуу болгула! Китеп барагын айрыган, пайдаланган адамдарга миң наалат!

    Тозокто күнөөң үчүн эми жангын…

    Базардан, жашылча уруктарын сатып алдым,
    Аттиң ай, эгемин деп шашып алдым.
    Суктанып, көзүм артып айланага,
    Кудуңдап үйдү көздөй багыт алдым.

    Жамбылды, райканды палдап септим,
    Пиязды, сабизди да тандап эктим.
    Дем алып отуруунун камын көрүп,
    Меенеттен, ырахатта тердеп кеттим.

    Алдымда урук салган барак жатат,
    Байкасам нее сырларды алар катат.
    Кыргыз тил лексикалык китебинин,
    Беттери оролушуп жерде жатат.

    Аттиң ай, уруктарды нееге алдым,
    Өз тилиме байкабай бүлүк салдым.
    Эне тил ыйык туткан мурасыбыз,
    Дендироо абалында катып калдым.

    Китепти барктагыла окурмандар,
    Урук сатып, соодалашып отургандар.
    Китебим ыйык болот, куттуу үйдө,
    Береке алып келет ар бир үйгө.

    Эй, соодагер, өз тилиңи тактап алгын,
    Китепти тытпастан барктап алгын.
    Сатылган нерселериң арам болот,
    Тозокто күнөөң үчүн эми жангын…

    Калмамат Турдубаев.

    Өзгөн району,
    Арагөл айылы,
    2014-жыл 18-май,
    Жекшемби, саат 18-09.
    8-09..09..

  8. Сыймыктуу “Кыргыз Көчү” – мекенчилдер тобун жана сыйлык ээлерин куттуктайм. Баарыңыздарга албан ийгиликтерди каалайм. “Кыргыз Көчү” кылымдарга улансын!

Leave a Reply to Калмамат Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *