Ойгон элим, ойлон элим!.

КАЙДА БАРАТАБЫЗ!.

Жума АБДУЛЛАХ.

Жума АБДУЛЛАХ. 

Кыргыздын, Кыргыз элинин патриоту болуу, жалпы элибизди, улутубузду, Ыссыкөлүбздү, Сулайман тообузду, Сары Өзөнүбүздү, Арсланбопту бирдей сүйүп, айран жыттанган апаларыбызды, кымыз жана колоңсо жыттанган кыраандарыбызды бирдей сагынуу мекенден сыртта жүргөндө гана курч сезилет. Мекен четинде, бөтөн элде өзүңдүн улуттук жана инсандык «идентификацияң» үчүн күрөшөсүң, дайыма «статус квоң» үчүн тытынып жүрөсүң, кичине да болсо Атамекениңдин ийгиликтерине кубанып, байрагың жана барлыгыңа сыймыктана жүрөсүң…

Анан элэ-ээ, Кыргыз жергесине келээриң менен, сен жалпы Кыргыздын эмес, Оштун, же Көлдүн, Чүйдүн же Таластын, ичкиликтин же солтонун патриоту болууга аргасызсың. Тилекке каршы сенин бир тапка, же партияга, же кланга же жамаатка патриот болушуң, сөзсүз дагы бир башка Кыргыздын эле ушундай тобуна каршы болууга шарттайт. Ушундай шарттулуктар адамды жаман түйшөлтөт экен…

Элибиз бөлүнө берип, Бөрү жей турган чекке жетип калганыбызды сезебизби же жокпу, бирок улутубуздун ичинен дезертирлер да чыга баштады…

Шарттуу бөлүнүүлөр кыргызды туткундап алды жана шарттуу топтордун арасында келишпес кастык жаралып, принципиалдык карама каршылыктар күчөп баратат.

Батышчыл жана орусчул, динчилдер жана атеисттер, «мырктар» жана «киргиздер», мусулман жана теңирчилер, хизбуттар жана дааватчылар, вахабиттер жана суфилер, түрктөшкөндөр жана кытайлашкандар, «манкурттар» жана «малкурттар», кедейлер жана байлар, «черныйлар» жана «красныйлар», жана башкалар жана ушундайлар…

Айтоор ушундай, бу бөлүнүүбүз менен тайгаланып отуруп, ичибизден ирип, ансыз деле жакынкы жана алысыраак жакта көздөрүн кызартып турган коңшуларга жем болбойлу. Арабызда жүрүп жерибизди, малыбызды жана жаныбызды каттап-калемдеп жүргөн кээ бир «мекендештердин» кара ниет «неоимпериялык» пландарын оңой олжо кылып ишке ашырып салбайлы…

Биздин кайгыбыз, биздин асыл акылыбыздан болуп жүрбөсүн? Бөтөн маданиятты, башка тилди, жаңы агымды ушунчалык бат сиңирип алабыз анан калса. Сиңирип отуруп, шимирип отуруп, абдан татаал «менталдык» боткону мүнөздөп алдык… Өздүк бейнебиз барбы, же жүз жылдык «мутацияга» дуушар болгон «биомассага» айланып баратабызбы? Бүгүнкү керектөөчүлүк коомунун эрежелери улутубуздун түбүнө жетип, аты бар бирок заты жок, дүйнөдөгү «сервис» улуту деп аталган, көр оокаттын гана айласында калган Индокитай, Полинезиядагы түмөн бейнесиз, мүнөзсүз балыктай болгон элдердин кейпин кийгенден Кудай сактасын ылайым. 100 жылдык орустун «колониалдык» саясаты жеңе албаган биздин негизги «имунитетибиз»- нукуралуулугубузду керектөөчү коомдун ажыдаары бат эле сугунуп койчудай…

Ойлон элим, ойгон элим! Бийлик, саясат үчүн эмес, пул үчүн кулдук эмес, нукура тазалыгыбыз, чымыр дене чынтемир эрдигибиз үчүн, суйкайган сулуу жарлуулугубуз үчүн ойгонолу!.

 

Жума АБДУЛЛАХ. Бишкек шаары.

One thought on “Ойгон элим, ойлон элим!.

  1. Азаматсыз, Жума мырза. Сиз, биздин (кыргыздардын) учурдагы мүнөзүбүздүн себебин; “Биздин кайгыбыз, биздин асыл акылыбыздан болуп жүрбөсүн? Бөтөн маданиятты, башка тилди, жаңы агымды ушунчалык бат сиңирип алабыз анан калса. Сиңирип отуруп, шимирип отуруп, абдан татаал «менталдык» боткону мүнөздөп алдык… Өздүк бейнебиз барбы, же жүз жылдык «мутацияга» дуушар болгон «биомассага» айланып баратабызбы? Бүгүнкү керектөөчүлүк коомунун эрежелери улутубуздун түбүнө жетип, аты бар бирок заты жок, дүйнөдөгү «сервис» улуту деп аталган, көр оокаттын гана айласында калган Индокитай, Полинезиядагы түмөн бейнесиз, мүнөзсүз балыктай болгон элдердин кейпин кийгенден Кудай сактасын ылайым. 100 жылдык орустун «колониалдык» саясаты жеңе албаган биздин негизги «имунитетибиз»- нукуралуулугубузду керектөөчү коомдун ажыдаары бат эле сугунуп койчудай…” деп, өзүбүздө; эч кандай аңкоолук жэ келесоолук күнөө жоктой, бар балээнин баары, биздин; “асыл акылдуулугубуздан” дегендей шылтоо бериптирсиз, менимче. Макул дейли. Биз кыргыздар ошондой; орустун баардык касиеттерин, тили менен кошо (с потрахами) өзүбүзгө сиңдирип алгыч “асыл акылман” болсок, анда неге орустун; колонизаторлук, экспансисттик, шовинисттик жана башка орус улутунун гана пайдасын көздөгөн касиеттерин өзүбүзгө неге сиңдирбегенибиз мени таң колтырат. Мындан сырткары, Орусия менен орустардын колониясы болуп кылымдар бойу жашап келе жаткан кавказдыктар, украиндер, белорустар неге бизчелик өз тилдерин өгөйлөбөгөнү да мени таң калтырат. Өзбек, тажик жана Түркмөндөр неге орус тилдүү болуп кетишпегени да таң. Болбосо биздин улубуздун санынын аздыгына карабай, ааламга атагы чыккан улутташтарыбыз кудайга шүгүр эле бар. Бул демек; кыргыз улутунун интеллектисинин жогорулугу эмеспи. А эмнеге эле, биз; Эне Тилибизге келгенде, тилибиз күрмөөгө келбей калганы да таң. Тилге келгенде, эмне үчүн биз (кыргыздар); өзбектердей, тажиктердей, түркмөндөрдөй жэ кавказдыктардай боло албайбыз? Эмне үчүн биз кыргыздар, Эне, Мекен жана МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИбизге келгенде эле Чукчалардай боло калабыз?;Мен аябай таң калам.

Leave a Reply to Бектурсун Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *