Палван.

Малик ОСМОНОВ.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Малик ОСМОНОВ.

АЙТЫЛУУ АБДЫРАХМАН.


Баш сөз ордуна.
Ар бир нерсенин сааты болот тура. Антпегенде мындан жети жыл мурда кулагым чалган Абдырахман палван жөнүндөгү баянды ушугезге дейре сары майдай сактап жүрбөсөм керек эле. Мына эми сааты чыгып, айтылуу Лейлек жергесинин Кулунду айылынан чыккан Абдырахман палван баянын Москвадагы “Нур” газетасына жарыялоону ылайык таптым. Баса, бул баянды мага ушу таптагы КР парламентинин депутаты Малик ОСМОНОВ деген палван агам айтып берген эле. Эмесе, ошол баянды канчалык деңгээлде кагаз бетине түшүрө алганыма өзүңүздөр күбө болуңуздар, ардактуу окурмандар.

 Күрөш жылдызы.


“Артта калган ХХ кылымдын 70-жылдары кыргыз күрөшүндө өтө чоң бурулуш болгон. Ушунакай бурулуштарды жараткандардын катарында Абдырахман палван деген болгон. Бою 175 см.деги ак жүздүү, жылтыр сулуу, периштелүү Абдырахман палвандын атагы бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн ичи-койнун аралап,болуп турган кези экен. Бир көргөн жанды өзүнө тарткан Абдырахман палвандын күрөш асманында жылдызы жанып турган чагы. Мен айтылуу палванды дал ошол жылдары көрүп калдым. Ошол жылы Өзбекстандын 1-секретары Шарап Рашидовичтин демилгеси менен Совет-Абадда бир айга чукул күрөш өнөрүн эл сынына тартуулоочу палвандардын таймашы болуп өттү эле. Ошондо Абдырахман палванды көргүсү келген биздин Барпы айылдын тургундары түп көтөрө көчүп барышкан. Өнөр көрсөтүлүүчү жайга туш-туштан жеңил машинелер менен атактуу палвандар келишти. Ошолордун бардыгы жалгыз гана Абдырахман палван менен күрөшүүнү эңсешип, кезекте турушту. Эмне үчүн мындай болуп калды? Себеби, ушуга чейин жалаң бой-келбети зор палвандар гана жеңишке жетишип келген болсо, Абдырахман палван бой-келбети кичинекей адам деле жеңиштин туу чокусуна чыга аларлыгын далилдеди. Канчалаган оор салмактагы палвандардын бирин калтырбай оңго-солго жембаштыктай эле чаап жатты. Элдин дуулдаганын айтпа. Улут-улутка карабай калышты. Тажикпи, өзбекпи, кыргызбы, айтор, баарысы Абдырахманга жан тартышып, көрсөткөн өнөрүнө ичтеринен ыраазы боло алкап турушту. Эң кызыгы, адатта тегерек тарткан аянтта жуп-жубу менен 20-30га жакын палвандар күрөшүшчү. Ал эми Абдырахман ортого чыкканда, башка палвандарга эл назар салбай коюшчу, натыйжада Абдырахман гана түгөйү менен кең аянтта жалгыз күрөшчү. Абдырахманда жеңилүү ызасын тартуу деген такыр жокко эсе эле…

 Ченемсиз кадыр-барк ээси.

Эл оозунда Абдырахман жөнүндө не деген икаялар, легендалар айтылып жүрөт. Ал негизинен 70-жыл менен 80-жылдын соңуна чейин, тагыраагы көзү өткөнгө чейин күрөшүп өттү. Ошол убактын аралыгында ага тең келээр абийирлүү палван болбоду десем жаңылышпайм. Түштүк Кыргызстан менен чектеш жайгашкан баардык улуттардын арасына өз баласындай жакын туюлган ченемсиз кадыр-баркка эгедер эле. Мындайча айтканда жөнөкөй эле күрөштүн аркасы менен атын дүңгүрөтүп алган болчу. Андыктан ким болсо Абдырахманды тааныйт, ким болсо Абдырахманды билет эле, ким болсо Абдырахман жөнүндө 15 минутпу, жарым саатпы, жомок айтып бере алат эле. Ошондо биз студент элек, Абдырахман да Ошто окуйт экен. Көчөдө бара жатканда соңунан сонуркаша карашкан элдин баары ээрчип алчу. Эми олбурлуу палвандар деле көп дечи. Бирок Абдырахмандай периштелүү, бешенесинен жылдызы жанган палванды мен бул чөлкөмдөн көргөн дагы, уккан дагы эмес болчум. 1974-жылы Ташкентте Орто Азиянын биринчилиги үчүн таймашышкан мелдеш болуп өтөт. Ошондо Кыргызстандан жалгыз барган Абдырахман палван баш байгеге ээ болгон экен, архивдеги сүрөтүнөн көрдүм.


эмух
Бата менен эр көгөрөт.

Эми күрөштөрү тууралуу кеңири токтолсом. Эски Ноокаттын жогору жагында Сахаба деген жаратылышы кооз, ажайып, касиеттүү эл сыйынган жер бар. Жыл сайын ошерде 1-майдан 9-майга чейин күрөш өтчү. Күрөшкө Орто Азиянын “менмин” деп көкүрөк каккан палвандары катышчу. Ошондо мен көргөндөн Абдырахман палван 9 күн бою түк жыгылбастан, кандай гана өнөктөшү болбосун, мөөрөйдү эч кимге алдырбай турду. Мына чыныгы палвандын күчү! Ага асыресе, өзбек, тажик палвандар талапкер болушчу. Ушунчалык сыйкырдуу күчкө, сыйына турган касиеттүү палванга айланып кеткен эле. Андыктан ага ак сакалдуу, ак чач чалдар да 20-25 сомдук акчаларын чөнтөктөрүнө салып алып чыгышар эле. Бирок жыгылышат эле. Антсе да, Абдырахман катуу жыкпастан, айлантып келип акырын жерге таштап койчу. Көкүрөгүн үстүнө салчу эмес. Анан акчалары менен кошо Абдырахманга ак батасын беришип, касиеттүү палвандын белин кармап койгондуктары үчүн өздөрүн бактылуу сезишчү. Абдырахман чыгарда өнөктөшүнүн бетинен өөп, учурашкан соң күрөшө баштачу. Ошондо мен ойлочум “Неге мындай кылат?” деп. Көрсө, Абдырахман күрөшүштү гана билбестен, өнөктөшүн урматтоону да өздөштүргөн маданияты жогору мыкты инсан болгон тура.

Дагы бир күрөштө Өзбекстандан СССР Жогорку Советине депутат Рустам Жапаров деген палван келди. Бою 2 метрге жакын, аябагандай алп денелүү неме эле, ыраматылык. Спорт чебери болчу. Ошо гана Абдырахман палванды бир сааттай былк эттирбей кармап турчу. Экөө дем алып, дем алып бир сааттан ашык күрөшүшчү. Бирок аны да аягында көтөрүп чапчу.


Орто Азия чемпиону.

Жай мезгили өкүм сүргөн чакта Совет-Абадда кечки саат 7де күрөш башталчу. Күндүз иштен кол бошобойт. Күрөш түн бир оокумда араң бүтчү. Эл быкпырдай жайначу. Ошондо көптөгөн палвандардын ичинен Абдырахман палвандын гана аты айтылчу. Элдин баары “Абдырахман палван бүгүн ким менен күрөшөт экен?” деп кызыгышчу. Не бир, Бакай бабабыздай ак сакалын жайкалткан карыяларыбыз барчу. Ошондой күрөштөрдүн биринде Абдырахман палван Өзбекстандык Рахим деген палван менен күрөшүп калды. Бул да өтө зор, абсолюттук чемпиондукка жеткен палван экен. Күрөшкө келерден алдын жергиликтүү газеталардын бирине интервью берип, кабарчынын “Орто Азия боюнча өзүңүзгө тең келчүсү барбы? Болсо ким деп эсептейсиз?” деген соболуна “Мага тең келчүсү азыр жок” деп жооп узаткан экен. Бул интервьюнун газетага жарыяланганына бир айдын жүзү толуп, эл арасында ал тууралуу уу-дуу сөздөр жүрүп жаткан экен. Ошол күрөшкө Рахим палванды коштоп, райондун акимдери, эл башчылары келишкен эле. Ортодо күрөш жүрүп жатат. Эл дуулдап өзбек, кыргыздын баары “Абдырахман” деп турат. Бой-келбети 2 метрди чапчыган Рахим палван Абдырахман палванды жерден көтөрүп кетип, айландырып туруп, биринчи оң тизе менен жерге ныктап урду. Абдырахман жыгылбастан мышыкчасынан чап жабышып туруп калды. Экинчисинде сол тизеси менен жерге дагы ныктап урду. Чамасы бутун сындыргысы келди окшойт. Абдырахман дагы туруп калды. Ошол көз ирмемдин ичинде Абдырахман Рахимдин ичине кирип кеткен экен. Кандай чапканы көзгө илинбеди. Айтор, Рахим палванды көкүрөк жагына көтөргөн бойдон айландырып келип, башы менен жерге сайып койду. “Эми эмне болуп кетет?” деп жанатан бери нес болуп, бир чекиттен карек үзбөстөн тиктеген эл ордуларынан жапырт туруп кетишти. Кыйкырык-сүрөөндү айтпай ак коёлу. Ошондо Рахимди ээрчип келген өзбекстандык акимдердин бири ортого чыгып, Абдырахман палвандын оң колун өйдө көтөрүп “Оо, эл-журт, баарыңар билип алгыла, Орто Азиянын чемпиону ушул үкөбүз болот! А биз болсо мына бу экен деп адашып жүргөн экенбиз” деп ызасына туттугуп, бозала болуп, бурчта отурган Рахим палванга сөөмөй кезеген бойдон келген тобун ээрчитип чыгып кетти…

Абдырахман аттуу ысымдардын көбөйүшү.

Андан соң дагы бир жерде күрөштү.Өзбекстандын түбү кыпчак кыргыздан тараган Абдилаз деген палваны бар экен. Бир гана Абдырахман палван менен күрөшүүнү эңсей берип, баш-аягы 26 жолу күрөшүптүр, а бирок 26 жолу тең жеңилүү ызасын тартыптыр. Эми Абдырахман палван күрөш өнөрүн ушунчалык аспиеттеген, кудай берген касиети бар, анык уста экен да. Кандай абалда ким менен күрөшпөсүн, сөзсүз жеңишке жетишчү. Эгерде азыркы мезгилде Абдырахман бар болгондо, же болбосо Абдырахмандын мезгили азыркыдай болгондо кыскасын айтканда, Өзбекстан болобу, Тажикстан болобу, Кыргызстан болобу, кайсыл округдан талапкерлигин койсо да, милдеттүү түрдо депутат болуп шайланмак. Ошол мезгилде төрөлгөн балдардын баарынын ысымы Абдырахмандын урматынан коюлуптур. Ошол жактарга күрөшүп барганыбызда, аксакалдар келип таанышытырар эле “Мынабу неберемдин ысымы Абдырахман” деп.

Анан да Өзбекстандын, Тажикстандын кайсыл жеринде той болбосун, бир жума мурун “Жөн гана келип тойго катышып берсеңиз эле болду” деген чакыруу баракчалары байма-бай келип турган. Кудум Киркоров, Газманов өңдүү музыканттарды чакыргандай. Абдырахман ал жерде күрөшпөчү. Бар болгону “Абдырахман палван келди” деген сөз той ээлеринин көңүлүн көкөлөтүп, зоболосун оболотуп таштачу. Чоң океандын эрке балыгындай бул турмушта каалагандай сүзүп, атак-даңктын кучагында куунап өмүр сүргөн эле. Аны көрүп эле эмес, ал жөнүндө сүйлөшүп отуруп эле черлери жазылчу, элдин. Жомок эле. Өзү кызга окшоп күлүмсүрөп турчу. Ким менен болбосун тил табышып кетчү. Ал жүргөн жерлердин баарына эл жыйналып калчу. Азыркы телевизордо көргөн шоу-бизнес жылдыздарын эл ороп калгандай көрүнүш өкүм сүрчү. Айрыкча, аксакалдар көп кошточу. Анан дагы Абдырахмандын тушунда өзбек, тажик, кыргыздын баары бир улуттай биригип кетишкен. Бири-бирин бөлүү деген болгон эмес. Мындайча айтканда, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого да өтөлгөлүү салымын кошкон.

1978-жылы Оштогу стадиондо күрөш болуп, Казакстандан офицер келди. Алибеттүү, алп денелүү палван экен. Биздин палвандардын баарын жыгып койду. Акыркы кезек Абдырахманга жетти. Аңгыча болбой жамгыр себелеп кирди. Кол чатыр жок. Жамгыр төгүп турат, куюп турат. Эл кетпей турат. “Абдырахман күрөшөт” деп бир адам ордунан жылбады. Мына күрөштүн күчү! Жамгыр токтободу. Абдырахман казакты чапты. Артынан беш-алты палванды жыгытып, стадиондон чыгып кеткен соң гана, эл үйлөрүнө тарай баштады. Азыр футбол болот десе жамгыр жаамак тургай, шамал саал катуулай баштаса, эл чилдей тарамак. Бул да болсо Абдырахмандын элдин жүрөгүн тегиз багындырып алгандыгынын далили болсо керек. Биз Абдырахманды идеал тутар элек. Өнөктөшүн оңго, солго, каалаган жагына ыргытчу. Жолборстой эле көрүнчү, көзүбүзгө.


Жыгылбаган палван болбойт.


Жыгылбаган палван болсо, анда ал адам эмес. “Далысы жерге тийбеген палван” деп коёт кыргызда. Айры төштүн астында калбаган палван болбойт. Бир ирет Бакшы деген түрк палван менен күрөштү. Ошондо кантип жыгылганын деле билбей калдык, айтор, Абдырахман жыгылып калды. Эл ынабай Бакшыга соорун берген соң, экөөсүн кайра күрөштүрүштү. Абдырахман секунддун ичинде Бакшыны чапты. Андан кийин дагы бир жерде 140 кг салмактагы өзбекстандык Эркин деген раис палван менен күрөштү. Эркин эки-үч ирет силккенде Абдырахмандын оң буту кызыл ашыктын түп жагынан жарака кетип калды. Анан эки аксакал кол жоолук менен бутун таңып, кайра салды. Ошондо акырын аксап күрөшүп, так көтөрүп урбастан жамбашка алып жыкты. Анан аксакалдар “Болду эле болду” деп бүтүрүштү. Кайра ошол эле күрөштө Жалал деген өтө зор өзбек палван менен күрөштү. Булар он жыл бою Абдырахмандан жыгылып, өчүн кууп жүрүштү. Эми Жалалды да мурун 20-30 жолу жыгыткан экен. Ушул күрөштө негедир жыгылып калды. Ошентип күрөш бүтүп кетти. Абдырахман бут кийимин кийип, ордунан жылбай турду. Бирок эл тарабай аны күтүп турушту. Беркиге көңүл деле бурушпады. Жыгылса да эл Абдырахманга жан тартчу.

Мүнөзүнө токтолсом, Абдырахман үн созгондо таңда таңшыган торгойго тете ырдачу. Жалан, Рыспай Абдыкадыровдун обондорун созчу. ГАЗ-24 үлгүсүндөгү Волга айдачу. Ал убакта Волганы ар ким эле мине берчү эмес. Жумурткадай ак Волгасын алкынтып, жанында жүрсөң ырдап, сөзмөрдүгү менен чер жазчу. Өз доорунун алдыңкы адамдарынын алдыңкы сабында турган. Мезгилине төп келген инсан эле…


Жигит өлбөс болсочу.

Өлүмү трагедиялуу болду. Бактылуу адамдын тагдыры ушундай болот окшойт. Тарых баракатарына көз чаптырсак, эчендеген белгилүү адамдардын өмүрү өкүнүчтүү көрүнүштөр менен аяктагандыгы анык. 1980-жылы 7-мартта 30 жашында Ошто өлдү. Саар менен элдин баары ыйлап жүрүшөт. Ошондогу ШИИБ начальниги кыргыз милийса экен. Эми чиновник да, патриотизми жок. Элдерге “Атаңдын оозун урайын! Бир палван өлүп калыптыр. Элдин баары Ошто ыйлап жүрөт. Тигил Монголиянын Сухе баатыры өлгөнсүп” дептир өтө пас ойлорун ортого салып. Эми ал милийса Абдырахман палвандын алдында ким эле? Сөөгү Лейлекке коюлган. Артында уулу жок, кыздары калган. Тажикстанга, Түркмөнстанга, Өзбекстанга бир кеткенде 2-3 айлап жоголчу. Аркасынан 40 адамды ээрчитип, багып келет эле да. А мен билгенден бул киши Ошто жашап, Ошто өлдү. Гагарин бүт дүйнөгө элес калтыргандай Фергана өрөөнүнө өзүнчө жаркырап элес калтырган жылдыз эле.

Жыйынтык сөз.

Ушу тапта Абдырахман палвандын атын алып жүргөн мекеме-уюмдар балким бардыр, бирок билбейт экем. Абдырахман палван жөнүндө, ушундай таанымал, ушундай чоң каарман жөнүндө, чынында эле өзүнчө бир чоң баатыр жөнүндө токтоло турган нерсе жок болуп жатат. Кыргыз элинин намысын дээрлик 10 жыл бою коргогон ишмер жөнүндө оозго алаарлык иштер болбой жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Жердештери жыл сайын 9-майдагы Жеңишке карата Абдырахман палван атындагы турнир өткөрүп гана турганы болбосо, башка жагы алиге дейре аксап турат. Жыйынтыктап айтканда Абдырахман палван жөнүндө көп нерсе айтыла элек, айтылышы керек. Көп нерсе жазыла элек, жазылышы керек. Кыргыз Өкмөтү тарабынан тиешелүү баа берилиши керек…”деп Абдырахман палван тууралуу дил баянына чекит койду Осмонов Малик палван агай.

 

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
«Нур» гезити,  Москва шаары,
2011жыл.

2 thoughts on “Палван.

  1. Абдан таасирлүү жазылыптыр… Мына ушундай жаатта көп нерселер окугум келет, ырахат аласын, үйрөнөсүң. Жаңы маалыматтар. Чындыктар. Малик акага рахмат, ал киши көп элди, көп жерди көргөн киши. Дагы күтөбүз!

Leave a Reply to Асабала Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *