“Инсан”

Султан ИБРАИМОВ, кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү коомдук ишмер.

СУЛТАН ИБРАИМОВ

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”.    (А. Токомбаев)

Уюткулуу элибиздин көрөңгөсү кур калбастан улам жаңы чыгаан урпактары менен толукталып турат эмеспи. Сөз мына ушундай учук улоочу, көрөгөч, ойчул, курч, жөнөкөй, иштерман, уюштургуч, заманыбыздын залкар мамлекеттик ишмери Султан Ибраимов жөнүндө болмокчу. Султандын ата-энеси Чүй өрөөнүндөгү Алчалуу айылында жашап колдору жөндөмдүү – бири уста, бири уз, мээнеткеч адамдардан болгон.

1927-жылдын 20-сентябрында зарлап жүрүп Султан деген балалуу болушат. Айтмакчы, кай бир кубулуштар илимде изилденип бүтө элек эмеспи. Балдары токтобой жүргөн ата-эне Султан төрөлөөрү менен аны башка үйгө таштап, кайрадан ырымдап сатып алышат. Андан кийин да балдары токтобой жүргөндүктөн кызына орусча Мария деп ат коюп, карындаштуу болот. Ата-энеси Кудайдан тилеп алган балдары жетиле электе эле кайтыш болуп кетишет. Кичинесинен эле жетим калган Султан жетимчиликтин азабын көп тартат. Көп узубай согуш башталат. Тестиер кезинен эле ошол жалпы элге келген апаатчылыкты башынан кечирет. Султан кийинчерээк “Улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун “Жамиласындагы” араба менен эгин ташуу, бастыруу, поездге жүктөө кудум эле менин жашоомо окшошот”, – деп айтканы бар.

Согуш аяктагандан кийин, орум-жыйым кеч бүтүп, окууну уланта албай, трактор айдап 1944-1946-жылдары Дөң-Арык МТСында иштеп калат.

Эптеп каражат чогултуп, 1946-жылдан 1949-жылга чейин Фрунзедеги гидромелиорация техникумун окуп бүтүп, 3 жыл Чүй сугат тармагында гидротехник болуп иштейт. Кай жерде болбосун ал зирек болуп, иштин майын чыгара иштейт. Үйү жок адисти Иса Ахунбаев үйлүү кылган.

1952-1955-жылдары Ташкенттеги Ирригация инженерлери жана Айыл чарбасын механизациялаштыруу институн эң жакшы баалар менен аяктап, 1955-жылы Кыргыз Илимдер Академиясына кенже илимий кызматкер болуп кабыл алынат. Турмушунда ошол кезде жалпы эле кыргыз жаштары көргөн кыйынчылыкты көрө баштайт. Ар кайсы батирде жашоо азабын тартат. Же бир жардам берер жакыны жок. Тапкан тыйын-тыпырын айылдагы бир туугандарына жеткирет.

Үй-бүлөсү менен.

1957-1959-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Илим, жогорку окуу жайлар жана мектеп бөлүмүнүн инструктору болуп иштеген. 1961-1966-жылдары Кыргыз Мелиорация жана Суу чарба министрлигине көтөрүлөт. Кийинки учурлардагы кабинетинен чыкпаган министрлердей эмес, такай эл арасында жүргөн министр болгон. Республикабыздын түштүгүндө 15 күн болсо, калган күндөрүн түндүгүндө өткөргөн, ал бараарын айтып жарыялабай эле кыдырып, жакындан көрүп чыкчу. Кемчилигин бетине айтып, одоно бузгандарын жумуштан дароо эле алчу экен. Анын изин жашырып башка жумушка кое койгон эмес, законду бузганды закондун негизинде каматкан. Ошентип тартипти катуу сактаган. Султан Ибраимович регионго, жердешчиликке, уруучулдукка, тууганчылыкка караган эмес, кай бирлерге окшоп пара алган эмес, таза иштеген. Ал жупуну, жөнөкөй адам болгон. Бийликтеги адаммын деп кекирейген эмес. Айылдаштары айтып эскерип калышат: министр болуп иштеп турганда айылдан бир адам өтүп кетип, эл чогулуп келсе үйдүн тегереги калың кар. Баргандардын көбү кызматтагы адамдар болгондуктан туруп эле калышкан экен дейт. С.Ибраимов келээри менен пальтосун чечип ыргытып, колуна күрөк алып, карды күрөй баштаганын көрүп, тургандардын бардыгы бир заматта карды тазалашып кол кабыш кылып жиберишет. Мүңкүрөп кайгыга түшкөн үй ээлеринин да жүрөгүн жылытышат. Эл кызыкчылыгын жогору коюп, сезон убагында үй бетин көрбөй иштеген. Ошол үчүн иш артка эмес алдыга жылган.

Жайыттарды туура пайдалануу, тоолорду сактап калуу маселелерин койгон. Келечек муундарга мурас болуп кала турган нерселерге жан тартып, бушайман болгон. Азыркы тапта колунда бар адамдар тоолорду да менчиктеп албадыбы. Султан Ибраимович мындай көрүнүшкө сөзсүз каршы күрөшмөк. Бир ууч адамдардын кызыкчылыгы эмес, жалпы элге гана пайдасын бере тургандай кылып түзүп бермек. Эгерде ошол учурда азыркыдай бийликти кыргыз элине, өз колдоруна берип койгондо укмуштуудай сонун жашоону да орнотушмак. Ал учурда Москванын гана буйругун угуп, улут кызыкчылыгына тереңдеп кирүүгө көзөмөл кылып, тыюу салынып турган. Аттиң ошол кездеги жетекчилердей болуп азыр иштешсе гана! Талыкпаган эмгеги С. Ибраимовду алдыга жылдыра берди. 1966-1968-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болуп иштейт.

1968-1978-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы болуп, Кыргыз мамлекетинин түштүк бөлүгүн 10 жыл жетектеген. Ушул убакыт ичинде ал өзүнүн өзгөчө ишмердүүлүгүн, алысты көрө билген чарбачылдыгын, акылдуу саясатчылыгын көрсөткөн. С.Ибраимов бул кызматка келээри менен бүтүндөй Ош шаарына ген. план түзүлүп ошол пландын негизинде көп кабаттуу үйлөрдү курдуруп, жолдорду оңдоттуруп, кичирайондорду түздүрүп, облустун мамлекеттик администрация имаратын курдурган. Ошондой эле аэропорт, обл. керек жарак союзунун имаратын, облпрофкомун, кыргыз, өзбек театрын, көп кабаттуу үйлөрдү, ж.б. курдурган. Султан Ибраимов адамдын толук кандуу жашоосуна: ток жашоосунан кийин эле руханий байлык болорун, мына ошондой айкалышта гана адамдын ден-соолугу чың болуп, улам кийинки муун өсүп чыгарын түшүнгөн.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, журналист, Хельсинки.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *