Untitled

Жумакан Жаркулова. 1966ж 11-ноябрада Сузак районундагы Канжыга айылында туулган. Багыш айылынын тургуну. Орто билимдуу. Сузак районундагы “АСЫЛ-АЙ” мүмкүнчүлүгү чектелген коомдун жетекчиси. Үй бүлөлүү, 3 кыз 1 уулдун энеси

УРПАКТАРГА

Төргө өтүп орун ак пейлибизде,

Мейман достук, улуулук дилибизде.

“Киргизбайлар” үйрөнүп өтөбуз дейт,

Кыргыз деген улуттук тилибизге .

 

Жыла басып жыйырма жылдан ашып,

Кыргыз тил деп күйүгүп бирде жашып,

Өркүндөтүү тил мыйзамын талкуу болду,

Кыргыз тил кылымдарга кызмат кылып.

 

Жыйынын да кыргыз тилге салмак болду,

Сүйүнүп  алга умтулуп Кыргыз тилим,

Көчөбузгө өз тилинде жарнак толду.

Маданиятсыз ЭНЕ тилин билбейт деген.

Кайсыл улут өз тилине күйбөйт экен?

 

Кыргызымда жакшы макал бар да элим,

“Көч жүрө-жүрө түзөлөт” бейм.

Деректеп дей беребиз, деген менен,

Жакшы заман келетат, баары кенен.

Оо, кыргызым улуу журтпуз анткен менен!

 

Арданам намыстын жоктугуна

Башка тилде өсүү деп өзгөргөнүн,

Бирок алар колдонушпай көз көргөнүн.

Өз элинин үрп адатын билбей келет,

Бөтөн элдей тебелешип ата төрүн.

 

Айланайын уюткулуу кыргыз элим,

Сактайлычы кыргыз тилин, кыргыз дилин,

Туш тараптан акылдуу болобуз деп,

Өчурбөйлү тарыхтан кыргыз изин.

Асылдыгын, намыстуу, нарктуулугун.

 

Жарашкан өзүбүзгө кыргыз  ӨҢҮн,

Акыркы кесепетин журуш -туруш,

Туурабай башка улуттун каадаларын.

Зыяны тийбесе экен ыйык жерге.

Өстүргөн бөтөн элде бала мээрин

 

Суу менен аба өндүү керек болот,

Тарыхын билүү керек урпактарың,

Тагдыр да сага бир кун чекит коет.

Акча үчүн азгырылбай бек бололу,

Ата салтты, намысты бийик тутуп

 

Кылымга өткөрөлүү бүтүн кылып,

Алгала, алгалай бер улуу журтум!

АЗАМАТ ТОКОРОВ

Эгемен кыргыз !

Кыйла кылым кыргыз эңсеп эркиндик,

Кыйырында кең дүйнөнүн серпилдик.

Күндөр болду кыраан бабам Бээжинге,

Кыргыз туусун сайган … кайра кетилдик.

Канчалаган империя жыгылып,

Канча улут кетти тыйпыл кырылып.

Кыргыз элим уюткусун сактады,

Түгөнөөрдө түймө болуп түйүлүп.

Карт тарыхтын кабатына көмүлүп,

Кесесинен кең дүйнөнүн төгүлүп.

Найза учунда набыт болгон заманда,

Канча эл кетти тамырынан сөгүлүп.

Тизеледик . Канча жолу тепселдик …

Чачырадык . Чаңга айланып кетпедик .

Кечээги эле орус эзип турганда ,

Колго тийчү эркиндикти эңседик …

Ойгон намыс!

Чындыкты айтам, досум, Угуп тур, чычалабай.

Башыңда коюу түтүн, Быкшыган чычаладай.

Азаттык! Азаттык! – деп, Ааламга жар салабыз.

 

Азатпыз эгемен деп, Айткандан чарчабайбыз.

 

Төрт кыргыз чогулушсак, Түбүбүз бирге дейбиз.

Коңкобай, Оштук сарт деп, Эмнеге бөлүнөбүз?

Бейиштин төрүнө окшош, Сууга бай жерибиз бар.

Чоңдору сатып сууну, Суусаган элибиз бар.

 

Үндөбөс кошунага, Үңкүйгөн чоңубуз бар.

Жыртылып жамай берип, Дүңкүйгөн жолубуз бар.

Кыргыздан кыйын чыкса, Атабыз тоголото.

Чеченди кайдагы бир, Качырып самолетто.

 

Урпагы Манастын деп, Төшүбүз кактык го биз.

Рыспек, Баяманды, Ыргыта аттык го биз.

Кытайды сабап койсоң, Милийса камап коет.

Түркүң да, кытайың да, Кыздарды ” сабап ” коет.

 

Тажикке ” бересиң ” деп, Кыздарды урган чыкты.

Ушунча кыйын болсоң, Тажикти урбайсыңбы?!

Тажиктер жол салдырбай, Өзүбек газын жабат.

Казактар ” маңка ” десе, ” Кыйындар ” ыржалаңдайт.

 

” Укугу адамдын “- деп, Улуган катын чыкты.

Уулдары майдаланып, Ууланган жатын чыкты.

Эгемен өлкөбүз деп, Эч уимге сөз бербейбиз.

Төрүңдү тебелетип, Көтөнгө тепки жейбиз.

 

Ойлончу, ойлон кыргыз! Ойгончу, ойгон кыргыз!

Жүрөктө уктап калган, Ойгончу, улуу намыс!

Кыргызда уктап калган, Ойгончу, улуу намыс!

Бүгүн элим азат, эркин, эгемен ,

Дүрт дейт жалын КЫРГЫЗ деген денемен .

Эркиндикти кут кыла көр элиме ,

Сураганым жалгыз ушу Эгемен !

Эгемендик туусун бийик көтөрчү ,

Эрлериң биз – эркин жаштар , ал, сен, мен!!!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *