Nov 29

Үшкүрүк..

Тоолуу Ат-Башы району. Касиеттүү Чеч-Дөбө.

*******************************************************

ЖАН  ООРУГАНДА  ЖАЗЫЛГАН
СҮРТҮМДӨР..

Бала кезибизде ырамaтылык чоң апам “Таргыл өгүз болбосо, таруу-бакал кайда экен, бул Ажыбек болбосо, кичине катын кайда экен” деген бир макалын көп айтып калаар эле. Муну ар дайым ачуусу кармап, жаны кейип, жан дүйнөсү ооруп кеткенде айтып алчу. Түшүнүп койуптурбузбу, көрсө “мен болбосом эмне кылат элеңер?” деген мааниде кыйытчу тура, жарыктык.  Анан ошондон кийин гана бир аз бугу чыккандай, бурганагы жазылып калгандай, адеттегисиндей эле кайра көнгөн жумушун кыбырап кылып жүрө берээр эле. Аны эмне, оң айтса тетири жасап, гөңкөгө нан жабаарда, отунун жарып от жагаарда, оту күйүп, гөңкөсү чоктой ысып даяр болуп, отуздан ашык нантабакты үйдөн гөңкөгө ташый турганда, кашайтып качып кеткенибизде, омурткабыз сынып ойноп кеткенибизде жаны кашайып, жаны ооруганда айтпай койчубу?.. Отуздан ашык гөңкө нан үч күнгө жетсе жетет, жетпесе жок, кайра эле баягы, гөңкөгө нан жапмай. Ал ошол беш-алтообуздун курсагыбыздын камын ойлогон байкуш апамдын айныгыз милдети, кыла турган кызматы. Башыбыз оорубайт эле, балабыз да,..

Финляндия. Эспоо шаары. Кауклахти.

“Анын эмнесин айтып атасың” дешиңер да мүмкүн, айтууга туура келди. Анткени ар бир адам жаны ооруп, жан дүйнөсү кысылганда оюн, бугуп жаткан бугун, өзүнүн ичиндеги чыңырган чындыгын чыгарып, айтып-деп, төгүлүп алгысы келет. Карыбы-жашпы, аялбы-эркекпи, жөн эле турмушпу же саясатпы айырмасы жок. Эмнегедир ошол сыңары бүгүн менин да жаным ооруп кетти. Тилибиздин, дилибиздин, ыйманыбыздын бузулуп бара жатканына жаным ачып, жан дүйнөм кысылып кетти. Эмнеге мындай дейм? Кыргыздын тили эмне, тил эмеспи? Дили эмне, дил эмеспи? Кыргыз эмне, эл эмеспи? Өз тили менен дили, өзүнүн өлкөсүндө, өз эл-жеринде өгөйлөнүп, кордолуп, ур-тепкиге алынып, шылдыңдалып, сындалгыдай эмне жамaндык кылды эле? Кимге? Кимдин, кандай ажыдаардын куйругун басып алып, балээсине калды эле? “Тил эле тил” деп какшап-боздогондор көп эле көрүнгөнсүйт, бирок бир кадам алдыга жылганы байкалбайт. Баягы эле, күйүмүш болуп коюп күлгөндөр, шыктандырып коюп шылдыңдагандар, мыйзамдаштырабыз десе мыйыгынан күлүп, бут тоскондор. Андан да өзүнүн Эне тилин өгөйлөп, чангандар канча?. Кимге барып өкүнүп, кимге барып күйүтүңдү айтып, кимге барып өкүрөөрүңдү да билбейсиң!.. Баары бар, эгемендүүлүгү, эли, жери, суусу, тоосу, ташы, башы, алтын-күмүшү, ГЭСи, жайкалган жаратылышы, көйкөлгөн көлү, көк жашыл төрү, атыр жыт абасы, аска-зоосу, мөңгүсү. Айтсаңар? Эмне гана жок? Баары бар. Жетишээрлик, ал эмес ашып-ташып турат. Анан эмне жетишпейт?. Атаңгөрү десеңер, ар-намыс, адамкерчилик, атуулдук, ыйман жетишпей турат, ал жоголуп кетти. Мына шорубуз каякта? Тобо кылуубуз керек эле.

Келсинки шаарынын борбордук аянтында.

Үч жыл болду, финдердин жергесинде жашаганыма. Ушунчалык өнүккөн, баары жетишкен, шаар-айылынын айырмасы жок, сыдыргыга салгандай мизилдеген, таптаза, көргөндө көзүңдү күйгүзүп, кубанткан, жолдорунун, үйлөрүнүн, чытырман токойлору менен айыл чарба талааларындагы көздүн жоосун алган кооздукту, мындай мыкты ирээттүүлүгүн көрүп жөнөкөй сөз менен “көбүртүп” айтканда “ыйлагың” гана келет. Эмнеге? Себеби, бизге окшогон кадимкидей эле беш миллионго жакын эл, жери деле, жаратылышы деле биздики сыяктуу карапайым эл, журт. Анча деле ашып-ташып, алтынга бөлөнгөнү, «Кум Төр», «Казарман», «Жерүй», «Кара Кече», «Миң Куш», «Күрпсай», «Токтогул» дегендери дегеле көрүнбөйт, бары жогу байкалбайт. Ээң башкысы өз Эне тилинде эле өнүгүп, өсүп, эч кимге жүгүнүп-ийилбей эле, эч кимдин көзүн карабай этпей эле өз оокаттарын өздөрү кылып, өз эне тилинин жардамы менен эле ушундай “супер” жогорку деңгээлде жашап жатышкандарын көрүп, ал эмес аралашып жашап жатканыман арман-бугум ашып-ташып, арданганымдан айтып жатам да. Фин тили англис, немис же францус тили эмес. Көп жерде колдонулуп, пайдасы тиет дегидей, бул тил финдерге гана керек, бүттү. Башка тилдердин басым кысымы, жөлөк таягы жок эле Европа аймагында эң өнүккөн, бай өлкөлөрдүн алдыңкы сабында. Расмий тил катары швед тили айтылат, бирок Эне тил катары фин тили катуу бааланат жана барктуу. Жыргал жашоо керекпи, каалап, катырып иштегиң келеби фин тилин оку, үйрөн, сага жашыл жарык, жолуң ачык. Ан үчүн болгон шарт мүмкүнчүлүк болушунча түзүлүп, мыйзам аркылуу бекиген. Мыйзам демекчи, аны кыйгап өтө турган бир да адам жок. Президентинен баштап, көчөдөгү БОМЖ дору да ошол сызыкты сыйлайт. Паракорлук, алып сатаарлык, улуп-жулуп алдамай, тааныш-билиш дегендин жыты да жок. Баштаган жумушуң кечикпесең келип-келбей бүтөт, так, даана, кадыр-колко кылбайт эч ким. Булардын түшүнүгүндө «түштөнөбүз» деп акыйтып кардарларды айдап чыгуу түштөрүндө да жок. Бир гана мисал, Финляндияда ар кандай орто жана жогорку деңгээлдеги Полициялык окуу жайларга бөлөк улут өкүлдөрүн кабыл алууга катуу тыйуу салынган. Финляндияда бир гана накта фин улутундагы улан-кыздар гана окуп, билим алып, полиция кызматын аркалай алышат. Жаманбы? Эң татыктуу, мыкты мыйзам. Башкача айтканда, финдерден башкасынын баарысынын байманасы ашып, ар кандай улут өкүлдөрүн  канчалык чалчактатып, бөпөлөбөсүн Финляндияга финдерчелик эч ким күйүп, жанын берип жанталашып фин элине кызмат кылбайт. Келгиндер деген келгиндер, каалаган күнү каалаган жагына басып, көчүп, керек болсо сатып кете беришет. Улутун уруп да ойнобойт эмеспи. Мына ушундай, баардык жерде, баардык элде ушундай. Бирок аны аңдап, алдын алгандар аз, бөтөнчө бизде, Кыргыздарда,..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  Эркин журналист, Финляндия. 28.05.12.