Биз тууралуу

6 thoughts on “Биз тууралуу

  1. Урматтуу Қырғызстандық Мекендештер.
    Мен Қырғызстан жараны болуу менен, мекеним Қырғызстандын, демек; Қырғызстандық
    баардық улуттағы Мекендештеримдин; “Мамлекеттик Тили” жөнүндө сөз қылууда,
    (“Мамлекеттик тил” деп аталған тил, аталған Мамлекетти мекендеген баардық улуттағы жарандарынын, Мамлекетинин Тили экедигин эсте тутуу абзел.)
    Мамлекеттик Тилибизде жазылчу бул менин ой пикирлеримди,
    менин; парсы тилдүү, словян тилдүү, түрк тилдүү мекендештериме да оқуу жеңил болсун деген мақсатта; “Қ(қы)” жана “Ғ(ғы)” ариптерин пайдалануу менен жазамын.

    (Себеби; Ушул кезге чейин, биздин Мамлекттик тилибизди оқуу эрежелерин, биздин қырғыз эмес улуттағы мекендештерибизге мектепте эч ким оқутуу аракетин жасаған эмес, алар өздөрү өз ықтыярлары менен жэ мажбур оқуп үйрөнүүгө муқтаждық болғон эмес. Ошондуқтан; “Қ” жана “Ғ” тамғасыз жазылған биздин “МАМЛЕКЕТТИК” ТИЛдеги тексттерди туура эмес фонетика менен оқуп алышып, биринчиден тилибиздин фонетикасын бузушса, экинчиден өздөрү түшүнүшпөй қалууда)
    Ушундан улам, менин улутташ Мекендештеримден, маға қыжырданбай турушуңуздарды көптөн көп өтүнүп суранам?

    Менин тайқы түшүнүгүмдө, дүйнө жүзүндө қанча Мамлекет болсо, ошолордун ар биринин, башқа Мамлекеттерден айырмалап туруучу, Мамлекеттик айырмалоочу символикалары (Государственные отличительные символики); көз менен көрүп айырмалоо үчүн (для визуального отличие) – Мамлекеттик Туусу, қармалап айырмалоо үчүн (для отличие на ощуп) – Мамлекттик Герби, көрбөсө жэ қармалай албаса, уғуп айырмалоо үчүн (для отличие на слух) – Мамлекттик Тили менен Мамлекеттик Гимндери қабыл алынып, ар бир өлкөнүн өз Баш Мыйзамы (Конституциясы) менен бекитилет деп ишенем.
    Баш Мыйзам (Конституция) менен бекитилген баардық Мамлекеттик символикалар, ошол өлкөнү мекендеп жашаған баардық улуттағы жарандарына таандық жана тийешелүү экендиги талашсыз деп ойлойм.
    Ошол, дүйнө жүзүндөгү баардық эгемен өлкөлөр сыяқтуу эле, эгемен Қырғызстан да, өзүнүн башқа Мамлекеттерден айырмалоочу баардық Мамлекеттик символикаларына, өз Баш Мыйзамы (Конституциясынын) негизинде ээ жана ал Мамлекеттик символикалар, Қырғызстанды мекендеген баардық улуттағы, эгемен Қырғызстан жарандарына таандық жана тийешелүү болсо керек? Бул да талашсыз ғо.

    Эми ошол, ааламдағы ар бир өлкөнүн, (алардын қатарында биздин мекенибиз болғон – Қырғыз Республикабыздын) Баш Мыйзамы менен бекитилген “МАМЛЕКЕТТИК” деген статус менен “МАМЛЕКЕТТИК” деген аталышты; ким болсо да, эч бир жағдайда башқача статус менен башқача аталышта қолдонуу,
    ал өлкөнүн Баш Мыйзамын бурмалоо жэ бузуу болуп саналаарын эч ким тана албайт ғо менимче.

    Ааламдағы баардық эгемен жана эркин өлкөлөрдүн, алардын қатарында; эгемен жана эркин эсептелген Қырғызстандын да, “МАМЛЕКЕТТИК” эмнеси болбосун; ЧЕҒАРАсы болобу, АЯНТы болобу, ТУУсу болобу, ГЕРБи болобу, ТИЛи менен ГИМНи болобу, Баш Мыйзамда (Конституцияда) бекитилген; “МАМЛЕКЕТТИК” деген статусу жана аталышы болгон соң, ал нерсе баардық улуттағы, эгемен Қырғызстандықтарға таандық жана тийешелүү болуп саналаарын эч ким тана албаса керек?

    Жэ, Қырғыз Республикасынын Мамлекеттик Чегарасы, Қырғыз Республикасында жашаган қырғыз улутундағы ғана жарандарынын чеғарасы деген адам барбы, Қырғызстанда жэ ааламда?
    Жэ болбосо, Қырғыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу, Қырғыз Республикасында жашаған жалаң ғана қырғыз улутундағы жарандарынын Туусу экендигин далилдөөчү киши барбы?
    Мекенибиз – Қырғыз Республикабыздын Мамлекттик Туусун, Гербин, Тилин жана Гимнин бүт дүйнөдө, баардық өлкөлөрдө;
    Биздин мекенибиз – Қырғыз Республикабыздын “Мамлекеттик Туусу, Герби, Тили жана Гимни” деп таанышат (признают), жана “Мамлекеттик Туусу, Герби, Тили жана Гимни” деп аташат (называют). Бул факт.

    Эми дагы бир фактқа көңүлүңүздөрдү бурайын.
    Ошол бүт ааламда, баардык өлкөлөр;
    Қырғыз Республикабызды мекендеген баардық улуттағы жарандарыбызға “таандық” деп таанып моюнга алған, Қырғыз Республикабыздын “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИН”, Қырғызстанда; жалаң қырғыз улутундағы, Қырғыз Республикабыздын Президенти, Президентибиздин алдындағы “Мамлекеттик Тил боюнча Улуттук Комиссия” башчысы менен мүчөлөрү толуғу менен, ҚР Өкмөт Башчыбыз, ҚР ЖҚ Төрағабыз, ҚР ЖҚ Депутаттарыбыз,(ҚР Мам.Тил күйөрман депутатыбыз; Аманбаева Урмат айым бирге),
    Министрлерибиз, Тилчи оқумуштууларыбыз, ҚР МамТилдүү ММҚ жетекчилерибиз баш болуп ҚР МамТилдүү журналисттерибиз, ҚР элита жана интеллигенция өкүлдөрүбүз, ҚРбыздын ТИЛчи аалым жана илимпоздорубуз, алардын қатарында, қатардағы “улутманмын” деп көкүрөк қаққан қырғыз улутундағы мекендештерибиз;
    Қырғыз Республикабыздын “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИН”, Қырғыз Республикабыздын “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ” деп аташпай,
    қачан болбосун, қай жерде болбосун; “қыргыз тили” деп аташып,
    тилдин “МАМЛЕКЕТТИК” деген статусу менен аталышын жана маанисин атайылап, этностуқ статус менен аталышқа түшүрүшүп жана бурмалашып сүйлөшөт, жазышат жана жарыялашат.
    “ҚЫРҒЫЗ ТИЛИ” статусунда аталған тил, бул; қырғыз улутундағы этностун ғана тилин, (эч қандай “Мамлекеттин Тили” эмес) түшүндүрөөрүн, жоғоруда аталған қырғыз улутундағы биздин Қырғызстандық мекендештерибиз абдан жақшы билишээринде эч кимдин күмөнү, алардын қатарында менин да күмөнүм жоқ.

    Тилибиздин “МАМЛЕКЕТТИК” статуска, демек; эл аралық таанууға (международное признание как “Государственного Языка”) ээ болғонуна чейрек қылым болот жақында.

    Бироқ эмне мақсатта атайылап; “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ” деп аташпай, “қырғыз тил” деп аташат?
    Бул эмне дегендик?..
    Аңқоолуқпу?.. Келесоолуқпу?.. Кемпайлықпы?..
    …Андай болушу мүмкүн эмес!
    Бироқ неге анда жапырт жана тақай, ар қачан, баардық қырғыз мекендештер ошентишет???!!!
    Мақул, қырғыздарды “мырк” дейли.
    А, олуясынып орусча сүйлөгөн “киргиз” бир боорлорубуз қайда?

    Урматтуу улутташ Мекендештерим.
    Маселен; биз (қырғыздар) тилибизди Баш Мыйзамыбыз ыйғарған статус жана аталышта, тақай; “МАМЛЕКЕТТИК” деп атоодо қолдонуп, мекенибиз Қырғыз Республикабызда, қандай ғана деңгээлдеги мамлекеттик мансапқордон болбосун; “Мен Сизге, Қырғыз Республикасында, Сизди ҚР Мамқызматкери қатары қабылдап, Қырғыз Республикасынын “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛинде” қайрылуудамын, мен Сизден; Сизди ҚР Мамқызматкери қатары қабылдап, Қырғыз Республикасында, Қырғыз Республикасынын “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛинде” жооп күтөм” деп талап қыла алмақпыз жана ал талабывыз мыйзам ченемдүү болмоқ. Туурабы? (Албетте эгер тилибизди, биз өзүбүз; “МАМЛЕКЕТТИК” деген статуста атап қолдонсоқ.)

    А эгерде; этностуқ статуста “қырғыз тили” деп атап, ҚР МамМансапқорлору менен башқа улуттағы мекендешти қой, “киргиз” бир боорубузду да қойо туруп,
    қырдын башында қой қайтарған қырғызға да; “Ай, сен қырғызча сүйлө!” деп, талап қылып, таңуулачу болсоқ; “Атаңдын башы! Мени менен ишиң болбосун!” – деген жооп алаарыбыз бышық.

    Ошондон улам, “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛибизди” мекенибиз Қырғыз Республикабызда, қандай ғана ҚР Мамлкеттик Мансапқорғо болбосун; “Урматтуу менин мекеним Қырғыз Республикамдын Мамлекеттик қызматкери, мен Сизге; Мекенибиз – Қырғыз Республикабызда, Мекенибиз Қырғыз Республикабыздын “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛинде” Мамлекттик қызмат қылуу милдетиңиз экендигин эскертем” деп таңууласақ да мыйзам ченемдүү болмоқ. Туурабы?
    (Албетте биз өз Мамлекеттик Тилибизди – “МАМЛЕКЕТТИК” деген статуста атап қолдонғон ғана чақта )

    Баш Мыйзам ыйғарған; “МАМЛЕКЕТТИК” деген статусту, биздин Мекенибиз – Қырғыз Республикабызда, башқа эч бир; “официялдық” (орус тили) жэ “эл аралық” (англис тили) статустуу тил жоққо чығарып жойо албайт.
    Биздин “официялдық” статустуу тилибиздин тийиштүү өлкөдө өзүнүн; “МАМЛЕКЕТТИК” статусу бар. Ошондой эле ар бир “эл аралық” статустағы тилдердин да өз мекендеринде “МАМЛКЕТТИК” статустары бар

    Биздин Мекенибиз – Қырғыз Республикабызда; “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛибиз” бирөө ғана.
    Ал биздин Мекенибиз – Қырғыз Республикабыздын
    Баш Мыйзамы (Конституциясы) менен бекитилип тастықталған;
    Қырғыз Республикабыздын;
    “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ”.
    Башқача статусу жана аталышы жоқ!

    Ал эми биздин Баш Мыйзамыбыздағы “официялдық” статустағы тилди бетке тутуп,
    биздин Баш Мыйзамыбыздағы “МАМЛЕКЕТТИК” статустағы тилибизди
    чанып жээрип, оозғо алғысы келбеген улутташтарыбыздын жоруқтары,
    алардын сүйүктүү “официялдық” тилинде, жэ тағыраақ айтқанда Россия Федерациясынын Мамлекеттик Тилинде айтқанда;
    Это инстинктивное проявление менталитета,
    не русского человека, а точнее кыргыза личности,
    которому не знакомо, даже чуждо; ощушение состояния и самообладание в самовыражении на родном ему языке, перед (даже не видимым) иноязычным (хозяином).

    Им; очень уютно и приятно а так же привычно “понравиться” (якобы выщестоящему, даже не видимому)
    иноязычному хозяину,
    выражаясь на (якобы) хозяйском языке, чем выражаться на родном ему языке,
    как все и (всяких) себе подобных.

    Бул жерде сөз;
    қырғыз эмес улуттағы мекендештер менен “киргиз” боордошторубуз тууралуу эмес, ҚР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛин билип туруп, ҚР Баш Мыйзамыбыз биздин Тилибизге ыйғарған “МАМЛЕКЕТТИК” деген статус менен аталышты атайын қолдонбоғон,
    ошонусу менен Мекенибиздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛине зыян келтирген,
    Мекенибиздин Мамлекеттик милдеттерин атқарған (т.а. атқарбаған) ҚРбызға Мамлекттик қызмат қылуудамын деп, Мекенибиздин қазынасынан НАН жеген МЕКЕНДЕШТЕРИМ тууралуу болду.

    Дағы бир жағдай.
    Эгер биз тилибизди тақай “МАМЛЕКЕТТИК” деген статус менен атооғо көнүгүп қалған болғонубузда,
    “Қырғыз көчү” тобунун башчысы Айдаралиев Асыран мырзанын, компьютер чығарған компанияға, биздин “МАМЛЕКЕТТИК” деген статуста аталған тилге зарыл тамғаларды компьютерге жайғаштыруу бойунча сурануусуна тийиштүү деңгээлде реакция болуп қалмақпы?

    Белгилүү Жаныбек Жанызақ мырза өзүн биздин қырғыз тилибиздин күйөрманы қатары эсептейт. А мен Жаныбек Жанызақ мырзаны биздин “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛибиздин” желдети демекмин.
    Биздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛибиз үчүн Мамлекетибиздин қазынасынан НАН жегендер,
    Жаныбек Жанызақ мырзачалық тақай қажынып, қазып, мээнет жасағанын байқабадым.

    Мен билген биздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ күйөрмандарыбыздын баарын (Асыран Айдаралиев, Жныбек Жанызақ, Манас Саматов… ж.б.) Мекенибиз – Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК ТИЛинин
    (демек; жеке эле қырғыз улутунун тилинин эмес)
    ықтыярдуу жоокерлери деп эсептейм.
    Ал эми өздөрү мени менен мақул болушабы жоқпу өздөрүнүн иши.

    Урматтуу улутташ Мекендештер.
    Биз, ар бир қырғыз, Мекенибиз – Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДҮҮ жарандарыбыз. Биздин Мекенибиз – Қырғызстанда, қандай ғана деңгээлдеги мамлекеттик қызматчы (чиновник – мансапқор) болсо да бизге, биздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛибизде қызмат көрсөтүүгө милдеттүү.
    Биздин Мекенибиз – Қырғыз Республикабызда, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛдүү жарандарынын, МАМЛЕКТТИК ТИЛге болғон уқуғу қол тийгис.
    Андықтан бизге – ҚР МамТилдүү жарандарға, Мекенибиздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛин қордоғон өз улутташтарыбыздын намыстарын ойғотуу ар бирибиздин жарандық жана улуттуқ парзыбыз болушу абзел.

    Улутубуздун аты менен аталған тилибиз тууралуу сөз қозғооғо үлгүрбөй туруп “улутчул” атқа қонғондон, “МАМЛЕКЕТТИК” статуста аталған ТИЛибиз үчүн күрөшсөк, “МАМЛЕКЕТЧИЛ” атқа қоноорбуз.
    “МАМЛЕКЕТЧИЛ” болуунун уяты жэ қорқунучу жоқ болсо керек эле.

    Ыйық Мекенибиздин МАМЛЕКЕТТИК эмнесине ғана болбосун, чыққынчылық жасағанды көрүп туруп көрмөксөн болуу, билип туруп билмексен болуу да, ошол чыққынчы менен тилектеш экендигибизди айгинелейт эмеспи.
    Андықтан; Мекенибиздеги экономикалық, саясый, социялдық, чыққынчыларына алыбыз жетпесе да,
    Ар бирибиздин оозубуздағы МАМЛЕКЕТТИК ТИЛибизге чыққынчылыққа жол қойбойлу?

    Дағы бир жолу эске салам, Тилибизди тақай жана бир ғана; “МАМЛЕКЕТТИК” деген статуста атабасақ, эч ким тоғотпой, назарына илбей, жээришип, жийиркенишип, оозуна да алғысы да келбей жүрүшөт.

    Қаалайбызбы, қаалабайбызбы, баарыбыздын кийингенибиз, басқан турғаныбыз, сүйлөгөн күлгөнүбүз, Мекенибизде, көчөдөгү элге өзүнчө бир жарнақ (реклама). Биз қайсы үлгүдөгү (фасондоғу) кийимди кийсек, ошол үлгүдөгү (фасондоғу) кийимди, көчөдөгү элге жарнама (реклама) қылғандай эле, биз қырғыздар өз Мекенибиз – Қырғыз Республикабызда қайсы Өлкөнүн, Мамлекеттик Тилинде сүйлөсөк,
    ошол өлкөнүн Мамлекеттик Тилин, биз қырғыздар өз мекенибиз – Қырғыз Республикабызда
    жарнамалап (рекламалап) қойоорубузду билебиз.

    Өзүбүздүн Мекенде, өзүбүздүн МАМЛЕКЕТТИК ТИЛибизге, өзүбүз чыққынчылық жасап, башқа өлкөнүн Мамлекттик тилин, биздин Мекенде өзүбүз жарнамалап (рекламалап) жүрбөйлүчү?

    Ушундай түшүнүктү, биздин қырғыз улутундағы, Мекенибиздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛин эң жақшы билген Мекен жетекчилерибиз да билишет деп ишенем.
    Бироқ, эмне мақсатта биздин Мекенде, биздин Мамлекттик иш чараларды, башқа өлкөнүн Мамлекеттик Тилинде алып барышат? Маға түшүнүксүз.

    Мен муну менен, биз қырғыздар башқа тилдерди таптақыр билбей, үйрөнбөй, жолотпой жана жолобой қойушубуз керек дегенден алысмын.
    Биз қырғыздар заманбап адам заты қатары, мүмкүн болушунча көп тил билгенибиз мақсатқа ылайық.
    Бироқ қайсы бир эл аралық жэ официялдық тилди билүү,
    бизге, қырғыздарға; өз Мамлекеттик Тилибизди чанып,
    башқа Мамлекеттин тилин, биздин Мекенде жарнамалоо (рекламалоо) дегенди туйундурбашы абзел.

    Урматтоо менен; қырғыз мекендешиңиздер Бектурсун Алибеков.
    2013- жылдын март айы. Қырғызстан.

  2. Мен бул демилгеге карамандай каршымын. К менен Г – нын проблеми жок. Фонетикалык маселе эчак чечилген.
    Бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кажети жок!

  3. туура ушундай кылыш керек анткени орустар к тамгасын жумшак айтышат. а биздин к тамгабыз курч башкача айтылат, г тамгасы дагы биздики башкача

  4. Мен бир учурда чет өлкөлүктөргө кыргыз тилин үйрөтүп калгам. Алар канча аракет кылышса да, биз мисалы “кашык”, “кагаз” деген сыяктуу сөздөрдө колдонгон каткалаң “к” жана “г” тамгаларын айта алышпаганын байкагам. Ал тургай, өзүмдүн орус класста окуган уулум да кыргызча сөздөрдү окуганда каткалаң “к”, “г” тамгалары менен жумшак “к”, “г” тамгаларын дароо айырмалап окуп кете албаганын көрүп жатам. Бир учурда мен да казак алфавитиндегидей каткалаң жана жумшак тыбыштарды бере турган тамгалар бизде да болсо жакшы болмок экен деген ойго келген учурум болгон.

  5. Мен дагы к менен г тамгаларын казактардыкын тууроону туура көрбөйм. Кыргыз тилин өнүктүрүү мындай жасалма жолдор менен эмес, табигый жолдор менен ишке ашуусу керек. Муну өзүбүздөн, өз балдарыбыздан башташыбыз керек. Андан сырткары, бул кыргыз тилиндеги сөз эмес, тигил кыргызча эмес, бул мындай, бул тигиндей деп эле, айрым тилдеги сөздөрдү жаңылоо сунуштары кылынып жатат. Буга дагы каршымын. Кыргыз тилин өнүктүрүү, байытуу үчүн чет тилдеринен болушунча көп сөздү киргизүү керек. Маселен, англис тилин карагыла, дүйнөдөгү бардык тилдерден сөздөрдү ала берет. Ал ошонусу менен өзүн эң керектүү, эң талаптуу тил катары сактап келет. Мисалы, “аренда” сөзүн кыргызчалайм деп “ижара” сөзүнө которуунун эмне кереги бар эле, эки сөз тең төл сөз болбогон соң?

  6. Сиз төмөнкү үстөк пайыз менен насыя керекпи? Сиз күрөөсү жок же жаман насыя, анткени банк тарабынан четке насыяларды youbeen беле? Эгер банк стресс чарчадык? Thenyou туура жерде, азыр биз менен байланышып, жеткиликтүү businessloan түзүү башталат, Email ::: mercyn591@gmail.com

    2% насыя Сиздин бизнес жана жеке насыя сунуш көбөйтөт

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *