Apr 14

Бейне..


66Ааламтордогу «Бейне» рубрикасынын ардактуу коногу болуп берүүмдү өтүнүп, атайын кат жолдоп, мени маекке чакырганы үчүн алгач ушул мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып, алыскы Финдердин өлкөсүндө жашаган эркин журналист, «Фейсбуктагы» мекенчилдердин «Кыргыз көчү» тобунун жетекчиси Асыран АЙДАРАЛИЕВге терең ыраазычылыгымды билдире кетким келди. Мага окшогон айыл түпкүрүндөгү, унутулган адамды төрт дубалдын ичинен сууруп чыгып, дүйнөнүн чар тарабына чачырап кеткен улутташ бир боордошторума кеңири тааныштырып, аларга ой-пикиримди, ичтеги бугуп жаткан сырымды төгүлтүп-чачылтып айттырып жатканы – Асырандын бийик адамкерчилиги, боорукерлиги жана мага болгон сый-урматы деп билем. Асыран иниме жалаң жакшылыктарды жана чыгармачылык зор ийгиликтерди  каалайм!

******************************************************************************************************************

Маектешим тууралуу: «ДААНЫШМАН» адам менен кантип таанышкам?

Өткөн жылы жаз алды менен Кыргыз Эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВ дин «Агындылар» аттуу китебин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жашаган мекендештерибиздин «биз дагы алат элек» деген өтүнүчтөрүн эске алуу менен аларга ал китепти жеткирип берүү демилгесин көтөрүп атайын иш чара уйуштуруп жиберген элек. Жыйынтыгында бир топ мекендештерибиз алыста жүрүшсө дагы бирден «Агындылуу» болуп калышкан. Ошол маалда «Фейсбуктагы» баракчалардын биринен «мен дагы ушул китепке жетпей жүрөм, кимден, кайдан, кантип алса болот?» деген жазууну окуп калдым. Анан ал жерге мен «баланча тилипонго чалыңыз, Бишкектен алыңыз» деп жазып койгом. Эртеси ал жазган жерге эмес, жеке кат куржунума куш тилиндей кат келиптир. Ал Мусакун Сатыбалдиев деген адамдан экен. Алакандай катты көрүп, туттугуп, ыйлагым келип араң окугам, бир топко чейин ойлонуп отурган элем. Эмнеге экенин эми окуп түшүнөт болушуңуздар керек?. Эгер ал жакта болсом «Агындыларды» шарт колтугума кыса салып, Караколго заматта жетип барып, ал адамдын өз колуна өз колум менен тапшырып келбейт белем деп кыялданып тим болгом. Анткен менен аз өтпөй Караколго барып, сүйүнтүп, абаны дагы «Агындылуу» кылган элек. Таанышып, ара-чолодо, анда-санда байланыша калып жүрдүк, азыр да байланышыбыз үзүлгөн жок. Менин билгеним, жүрөгүм менен сезип, туйганым ушул, укмуштай эрк-кайраты күчтүү, акылдуу, асыл, даанышман адам экенин абдан жакшы билем. Дагы да тереңирээк билгим келди, Даанышман абамдын (баса, мен мындан ары Мусакун абаны дайыма «Даанышман аба» деп атамай болдум. А. А.) ачылбай жүргөн сырларын анча-мынча болсо дагы ачып, ай-ааламга чачып, айтып-дегим келди. Ошондуктан аз мурун ушул сайтымда ачылган «Бейне» аттуу рубрикамдын ардактуу мейманы болуп бериңиз» деп өтүнгөн элем. Макул болду, кеңешип, кеңири маек курдук, ачык сырдаштык, болушунча баарлаштык. Анда эмесе ал мынакей, «Бейненин» урматтуу коногу менен болгон көлөмдүү маегим сиздердин назарыңыздарда урматтуу окурман журтум, журтташтарым жана Досторум! ээ 21

КЕЧИР ТАГДЫР, МЕН ӨЗҮҢДҮ ЖАСАП АЛАМ КОЛ МЕНЕН!

– Мусакун аба, сизге алгачкы бере турган суроом мындай. Тээ балалык кезиңизди, ошол мезгилдеги жадыңызда калган кайталангыс сүртүмдөрүңүздөн эскерип айтып берсеңиз. Себеби, адам баласынын чоң турмуш жолуна болгон багыты, анын башталышы ошол балалык кезге барып такалаары турган иш деп түшүнөбүз. Анда сөз сизде, Мусакун аба..
– Жакшы болот, айтып берейин, эсимде баары. Адамдар балалык кездерин тамшануу, өзгөчө бир толкундануу менен эскеришет эмеспи. Албетте, бул бекеринен эмес, анткени адам өмүрүнүн эң бейгам, эң кубанычтуу, эстен кеткис учуру – балалыгында катылган. Бирок, мен өз балалыгымды эстегенде маанайым чөгүп, асманымда кара булут айлана түшөт. Эс тарткан курактан тартып, менин бир гана самаган нерсем бар эле. «Эшек арабам болсо, анан ага түшүп алып айылдын четине чыксам» деп ойлой берчүмүн. Айыл ичи, анын чети мен үчүн ачылбаган планета болучу. Кийин эшек арабалуу боло албастыгымды түшүнгөндөн кийин, кичинекей терезеден көрүнгөн алыстагы тоолорду карап отуруп: «Эшикке өзүм эле басып чыга алсам, эч арманым болбос эле» деген кыялга, ойго чөмүлүп жүрчүмүн. Ырас, акыры бул тилегиме Кудай жеткирди.

– Ошондо канча жашта элеңиз? Андагы балалык кыйалдарыңыздын ишке ашканы болдубу?
Анда мен он бир-он эки жаштарда болчумун. Ооба, адатта «жаштын тилегин берет» деп койушат эмеспи. Ошол учурда болбосо да, кийинчерээк ишке ашканы болду. Бир нече жолку операция жасалганы менен, баягы жасалбай калган операциянын кесепети бары бир тийди окшойт. Эки балдак менен басканым менен, короодон чыга албайт элем, кичине бир нерсе болсо жыгылып калам. Эки бутумда сундуйган фиксациялык аппарат болгондуктан, бирөө көтөрүп тургузмайынча ордумдан тура албайм. Ошондой абалда көчөгө чыгуу мүмкүн эмес эле. Үч дөңгөлөктүү, кол күчү менен жүрө турган коляска алган соң гана айыл аралап чыгууга шарт болду. Айылдын чети эмес, кийин кең Москвадагы кызыл аянтты кош балдагым менен тыкылдатып, ары-бери басып өттүм. Кыргыз жеринин кыйласын кыдырдым.

Аба, алты саныбыз аман, телегейибиз тегиз адамдар деле өкүнүп, кейип-кепчип жиберген учурларыбыз өтө көп, ал эч кимге деле жашыруун эмес, көрсө адам табити ошондой болот тура, эзели эч нерсе жакпайт. Сиздин өкүнгөнүңүз, өзүңүзгө жакпаган адаттарыңыз барбы?
– Эми өкүнгөндө эмне, баардыгын Кудай жаратат, а өмүр деген, мезгил деген башына жүгөн каттырып, аса байлап кое турган күлүк ат эмес экен. Өз нугу менен токтобостон өтө берет экен. Болгону аны менен бирге башынан мүчүгөн ден соолук ого бетер мүчүп, алдан тайыйт экенсиң.

Өмүрлүк жолдошу жана кенже кызы менен.

Өмүрлүк жолдошу Жайнагүл жана кенже кызы Айназик.

– Азыркы абалыңыз кандай? Эмне менен алектенип, алаксып дегендей. Ар-жак, бер жактарга чыгып турасызбы?
– Кийинки беш-алты жыл аралыгында тубаса дарт өз күчүнө алып, жакшы баса албай, тышка өз алдымча чыга албай дагы калдым. Албетте, эми буга кейип-кепчип, чүнчүп отуруп калайын деген ниетим жок. Али жүрөк согуп турганда жашоо токтобойт эмеспи. Үйдөн чыга албай калганыма каршылык, протест кылып, өткөн жылы компьютериме интернет туташтыртып алгам. Бир кезекте айылдын четине чыгууга зар болсом, эми интернет, андагы өзүмдүн баракчам аркылуу дүйнөнү түрө кыдырып, андагы жакшы санаалаш адамдар, улутташтарым менен байланышып турам. Анча-мынча чыгармаларымды жарыялап, аларга сунуш кылып дегендей. Ошол жазгандарым, ойлорум айрым адамдарга жагып, ойго салганын айтып калышат. Кимдир бирөөлөргө сөзүм, ырым, ойлорум менен болсо да кичинекей көмөк көрсөтө аларыма кубанып, жан-дүйнөмдө кандайдыр бир күч пайда боло түшөт.

– Аба, эми мен сизди жарга такайын. Сиз ушул жашка чыкканы унчкупай, эч кимге айтпай, ичиңизде купуйа сыр катары жашарып, бук болуп, катып жүргөн олуттуу окуйаларыңыздан айтып бере аласызбы? Кайсы бир учурларыңыздан кызыктуу байан айтып бербейсизби? Андай тагдырды сиз башыңыздан далай эле өткөрсөңүз керек, эмнесин жашырат элеңиз? Чынымды айтайын, мен эмнегедир сиздин көп нерсе айткыңыз келип, буулугуп жүргөнүңүздү сезип, туйуп эле жүрөм..
Эми мынча болду, баарлашып калдык, атайын сурап да жатсаң, сага кантип айтпай койойун, Асыран. Айтып берейин, балким кимдир бирөөлөрдүн сезимине ой данегин таштап, бүдөмүк жашоонун бүдүрүн ачып алуу себепкер болуп берээр деген илгери үмүткө жетеленүү менен, өз башымдан өткөргөн эстен кеткис, качандыр бир убакта менин тагдырыма улуу бурулуш жасаган бир окуя-баянды айтып берейин.

Билбейм, буга ишенгендер чыгабы, же мыйыгынан күлгөндөр болобу, ким билсин? Эмнеси болсо да, ушу күнгө чейин сезим түпкүрүндө жүргөн купуя нерсемди ачыкка чыгарайын. Жогору жакта тубаса майып адам экенимди айтып өтпөдүмбү. Бул эми – тагдыр. Адатта адам тагдырды эмес, тагдыр адамды тандайт экен, буга каршы тура ала турган жан болбосо керек. Адеп он эки-он үч жашка чыкканга чейин баса албай, үй ичинде боорум менен жылып жүрдүм. Мурда атамдын жумуштан эртерээк келишин чыдамсыздык менен күтүп отурчумун. Себеби ал эрте келип калган күнү мени сундуйтуп аркасына көтөрүп алып, эшикке алып чыга турган. Бир күнү мени көтөрүп алып, көчөдө басып жүргөн. Анан эле бет маңдайыбыздан келе жаткан бир аял өзү жетелеп, кыйыктанып келаткан баласына мени көрсөтүп: «Айиий, мобу уятсыз баланы карачы, килтейип алып атасынын жонуна минип алыптыр. Жакшы балдар эч качан атасы менен апасына көтөртпөйт, сен жакшы баласың, ээ» – деди. Бейтааныш аял ушул сөзү менен мени башка муштап жибергенсиди. Атамдын тер жыттанган жонуна бетимди басып ыйлап жибердим. Ошондон кийин көтөртүп, эшикке чыкпай калдым. Күнү бою эрмегим ушул, төөнүн жалгыз көзүндөй болгон кичинекей терезеге жылып келип, керелди-кечке сыртты карап отурмай. Ал кезде биздин эски тамдын терезеси көчө жакты эмес, короону карап турчу. Жайдак короо, жогорку үйлөрдүн огороддору, андан ары бөксө адырлар, андан ары тоолор гана көрүнөт. Болду, башка эч нерсе көрө албайм. Огородду кесип өткөн жолбун ит да мага өзүнчө бир жаңылык катары сезиле берчү.

Догдурларга көрсөтүп, дарылап, сизди ошол тубаса оорудан арылтууга аракет көрүштү беле?
Ооба, далай эле аракет кылышты. Азыркы сөзүмдү улап, айта турган кийинки окуйам дал ошол мезгилдерге туш келген да, андыктан улантып кете берейин. Ошондой күндөрдүн биринде, он төрт жашка чукулдап калганымда Фрунзедеги (Бишкектин мурдагы аты) ооруканага алып барып жаткырышты. Сегиз ай жаттым, бир нече жолку операциядан кийин эки балдактын жардамы менен эптеп кыбырап басууга жарадым. Бул менин турмушумдагы алгачкы кубанычым болду окшойт. Дал ошол кезде коңшу палатада жаткан бир кызды көрүп калдым. Кийинчерээк анын аты Нургүл (ал жердегилер аны Наташа дешчү) экенин, Нарын тараптан болоорун, менден үч жаш улуу экенин, медициналык окуу жайда окуп жатканын билип алдым. Кыскасы, ошол кызды балалык сезимим менен айабай жакшы көрүп калдым. Бирок, ал кыздын жанына барып, таанышып, аркы-беркини сурап, сүйлөшүү кайда? Үй-бүлө чөйрөсүндө гана чоңойуп өскөн жаным, адамдар менен алака, мамиле түзүп, эки сөздүн башын кошуп сүйлөгөндү да билбейт элем. Аны көргөндө эле бир башкача абалда калчумун. Ошондон кийин мага бул дүйнө, жашоо өзгөрүп кеткендей сезилди. Оору, өксүк, терезеден көрүнгөн жайдак огород, кол жеткистей көрүнгөн алыскы тоолор, ата-энеме көрсөтпөй ыйлаган көз жаштар эми кайдадыр алыстап, алардын ордуна башка бир ажайып, кооз дүйнө жакындап келаткандай сезиле баштаган. Анан көп өтпөй эле мени дагы бир операцияга даярдай башташты. Алиев деген профессор: «Ушул операция абдан оор болот, бирок, сен ушундан кийин балдаксыз басып кетишиң мүмкүн, тигине, Митяны көрдүңбү? Ал экөөңдүн диагнозуң бир, ал азыр балдаксыз басып жүрөт» деп мени чексиз кубантып койду. Анын үстүнө мен ал ооруканада жылдап болсо да жата берүүгө даяр элем, себеби – ал жерде Нургүл бар эле..

Атаганат, турмушта баары эле адам күткөндөй, ойлогондой, ал самагандай боло бербейт тура. Операцияга бир жумача калганда эле күтүлбөгөн жерден Нургүл ал ооруканадан чыгып кетти. Бардыгын күтсөм да, мен ушундай болот деп күткөн эмес элем. Төбөмө асман кулап түшкөндөй эле эсим ооп, эңгиреп отуруп калдым. Нургүл кетип баратканда биз жаткан палатага кирип, мага гезитке оролгон бир нерсе берип кетти. Ачсам – китеп экен. Аз күн мурунураак ал жаткан палатага барып, Айгүмүш аттуу эже менен шашки ойноп отурсам, Нургүл бир китеп окуп аткан. Ошондо эптеп өзүмдү күчкө салып, «жакшы китеп бекен?» деп сураганга жарагам. Ал мени жылмая карап, илбериңки гана «ооба, абдан кызыктуу китеп, окуп бүткөндө бул китепти сага берем, сөзсүз окуп чык» деген. Гезитке оролгон «оокат» ошол китеп окшойт. Мен аны дароо боорума кыскан бойдон жан-дүйнөм аңтарылып отуруп калдым. Бу дүйнөдө өзүм жападан жалгыз калгандай, эми мага эч нерсенин, ал гана эмес аз күндө боло турган операциянын да кереги жоктой сезилди. Ошол эле жерден, палатадагылардын көзүнчө биринчи жолу ушунчалык өксүп, жан-дүйнөм жабыркап, эзилип, эчкирип көпкө ыйладым..

Солдон экинчи бала кармап турган: «Биринчи мугалими», алгач «А» деген арип тааныткан эжеси Зинагүл.

Сүрөттө: Солдон экинчи бала кармап турган «биринчи мугалими», алгач «А» деген арип тааныткан эжеси Зинагүл.

– Андан кийин эмне болду, ал ооруканада канча жаттыңыз дагы? Ошондо ошол  кыздын эмнеге кеткенин, кайда жашаарын, дарегин биле албадыңызбы? Эң башкысы операцияңыз эмне болду?
Андан ары эмне болсун, ошол эле күнү менде капысынан мындай бир ой пайда болду. «Болду, чын эле эми менин басып кетүүмдүн кимге жана эмне кереги бар, мен бул жерден кетишим керек» деген чечимге келдим. Догдурлардын айтканын укпай, «болбойт, кетпейсиң» деген ой-бойлоруна койбой жатып, эле эртеси ал жерден чыгып, үйгө биротоло кетип калдым. Үйгө келгенден кийин Нургүл берген ошол китепти башыма, жаздыгымдын алдына кошо жаздап жатып жүрдүм. Ал китеп ошол кезде менин, кайталангыс, болгон-бүткөн жалгыз асыл белегим эле. Кыздын мага айта турган сөздөрүнүн бардыгы ошонун ичине, аппак барактарына мончоктой тизилип жазылгандай, ушундай кымбат нерселерди айта тургандай сезиле берчү. Аны кимдир бирөөгө окутуп койуп, уккум да келчү. Бирок, анын мага гана айта турган кымбат сөздөрүн окуп берген кишиге ыраа көрбөй, анын да билип алышын каалабай, кызганып кетчүмүн. Анан эле күндөрдүн бир күнү «бул китепти өзүм гана окушум керек» деген чечкиндүү ойго келдим. Ал кезде менден улуу эжем онунчу класста окуса керек эле? Түз эле айттым: «эже, мага китеп окуганды үйрөтүп койуңузчу» дедим. Эжем ал сөзүмдү анча этибар албай туруп эле: «окуганды үйрөнүп эмне кыласың?» десе болобу? Ошол эле жерден оозума бирөө сала бергенсип: «эмне, чолок болгонум аздык кылгансып, эми сен мени эч нерсени билбеген келесоо болуп калсын деп турасыңбы?» деп буркурап ыйлап жибердим. Эжем менден мындай сөздү такыр күтпөгөн окшойт, бир саамга оозу ачыла түшүп, анан эле мени кучактай калып, ал дагы кошо шолоктоп ыйлап жиберди. Экөөбүз бир топко чейин кучакташып алып, бышактап ыйлап отурдук. Анан эле эжем шарт ордунан тура калып, эшикке чыгып кеткен. Көп өтпөй эле кайра китеп көтөрүп кирип келди. Көрсө, түз эле мектепке барып, сүрөттөрү кесилип алынган Алиппе алып келиптир. Ошентип, он төрт жашымда алгач ирет «А» деген тамганы таанып баштадым…

Мусакун аба ини-карындаштары, келиндери жана күйөө балдары менен.

Үй-бүлөсү, ини-карындаштары, келиндери жана күйөө балдары менен.

– Демек, сиздин алгачкы жолу тамга таанып, китеп окуп калышыңызга, өз алдынча сабатсыздыгыңыздын жойулушуна ошол кыз белекке берген китеп себепкер болгон турбайбы анда, же башка да себептер болду беле? Канча убакытта тамга таанып, китеп окуганга жарап кеттиңиз?
– Албетте, дал ошол китеп себеп болду. Адам бир нерсеге берилип алса, андан баш тартышы кыйын го? Ошентип, ошол мезгилде мен үчүн бир гана максат – батыраак тамга таанып, эч кимге көрсөтпөй байагы катып жүргөн китепти окуу болуп калды. Бир жумага жетпей тамгалардан сөз курап, окуганга жарадым. Андан бир айга жетип-жетпей баягы керемет китепти окууга кириштим. Ал китеп айтылуу Джек Лондондун «Жашоо кумары» деген китеби экен. Ошентип ошол китеп менин өмүрүмдөгү биринчи окуган китебим болуп калды. Баарына бир аз кийинчерээк түшүндүм. Көрсө, Нургүл мага «жашоо деген оңой-олтоң оокат эмес, жашоо үчүн тынбай күрөшүү керек, туруктуу бол, кайраттуу жана бекем бол, жашооң канчалык оор болсо да ага чыдай бил» деген ойду айткысы келген экен. Китепти кайталап окуп жатып, андагы каармандары аркылуу Нургүл мага ушинтип тынбай айтып, кулагыма куйуп, эскертип жатканын түшүндүм..

– Көзүңүз ачылып, көп нерсеге түшүнүп, алдыга умтула баштаган учуруңуз ошол маалга туш келсе керек анда? Ага улай анан эмне иштер менен алектене баштадыңыз? Көп китеп окудуңузбу?
– Убакыт учуп, арадан дагы эки-үч жыл өтүп кетти. Анан эле эмнегедир бара-бара келечегиме болгон үмүтсүздүк, азыркыча сөз менен айтканда «депрессия» деген пайда боло баштады. Өзүмчө көп ойлончу болдум. Ата-энемдин тырмалаңдап жүрүп таап келген нанын мен эле жеп, мен эле ичип, түгөтүп (биздин бүлөдө он бир бир тууган элек, үчөөнүн көзү өтүп кетти) жаткандай, мен бул дүйнөгө жаңылыш, ашык баш келип калгандай сезим үстөмдүк кылып, баш көтөрө албай калдым. Өлүм жөнүндөгү ой басып баштады. Анан бир күнү үйдө жалгыз отуруп эле эжем алып келген үтүктү көрүп калдым. Ичимден «таптым!» дедим. Билбейм, адатта өлүмдөн коркпогон адам болбойт дешет эмеспи, мүмкүн. А бирок мен ошол учурда өлүм жөнүндө эмес, өзүмө жаңы табылга тапкандай, ошол табылгам мени жаңы, учу-кыйрсыз, укмуштай кооз, ажайып дүйнөгө алып бара турган жолдой сезилип, жеңишке жеткендей гана ойлорду ойлоп отурган элем..

Филология илимдеринин доктору, профессор, белгилүү  акын жана котормочу Үсөнбек АСАНАЛИЕВ менен.

Филология илимдеринин доктору, профессор, белгилүү
акын жана котормочу Үсөнбек АСАНАЛИЕВ менен.

«Ф Е Я Н Ы Н    К А Т Ы»

Кызык да, мен үйдө жалгыз болчумун. Башыма келген башаламан ойлорду, элестетүүлөрүмдү карасаңар? Тимеле чытырман токойдо далайдан бери адашып жүргөнсүп, анан эле капысынан даңгыр жол табыла калып, зыңылдаган түз жолго түшө калгансыдым. Ошол жолдо мени ажайып дүйнөгө алып баруучу машине өтүп кете тургансып, өзүмчө ашыгып, ушунчалык шашып жаттым. Үтүктүн «шнурун» шарт жулуп алып эки колума байладым дагы кандайдыр бир өзүм түшүнбөгөн кубаныч, жеңилдөө аркылуу зымдардын жылаңач учтарын розеткадагы көзөнөктөргө сайып жибердим. Билбейм канча отурганымды. Бир маалда эле жанымдан: «Тарт!» деген кескин жаңырган үн чыкты. Катуу чочуганымдан секирип да кеттим, өзүмө мүнөздүү болбогон ылдамдык менен розеткага туташкан «шнурду» жулуп алдым. Айланамда бир дагы жан аттуу жок эле, бирок, жанагы үн кулагымда кара-кайра жаңырып жатты. «Шнурду» жулуп алгандан кийин эле калчылдап коркуп чыктым. Бүт денемди муздак тер басты. Көрсө, ошол учурда электр жарыгы өчүп калган экен. Негедир өлө албай калганыма өкүнүппү, же тирүү калганыма кубаныппы, айтор, түшүнө албаган, ичим түтөгөн бир ачуу сезим менен көпкө чейин басыла албай, өпкөлөп ыйлап отурдум. Көз алдыма күлүп турган Нургүлдүн татынакай элеси тартылып кетти. «Тарт!» деп ошол кыз кыйкыргандай сезип жаттым. Анан эле эч күтпөгөн, эзели ойума да келбеген бир кызыктай кыйал кылт дей түштү. Чечкиндүүлүк менен «мен Нургүлгө кат жазам» дедим. Албетте, анын дареги менде жок болчу. Ага карабай туруп калем кармоого эп келбеген колумду (колдо дагы дарт бар) күчкө салып атып, сол колума калемди карматып, бармактарымды жип менен бекем байладым. Кыскасы бир жума алпурушуп атып, калемди барак бетине кыймылдатууга жарадым. Тартаңдаган тамгалар өйдө-төмөн болуп, кагаз бетине жыбырап түшө баштады. Көз алдыма Нургүлдү келтирип алып тынымсыз кат жазып кирдим. Аны кайсы бир жомоктон уккан кыздын аты менен «Фея» деп атап алдым. Анан ошол замат «анын» жооп катын кайра өзүм жаздым. Балким, мен ошондо акыл-эси жайында адам жасабаган нерсени жасагандырмын. Балким. Бирок мен анда ал жөнүндө ойлоого кымындай дагы шай жок эле. Жазган катымды конвертке салып, сыртына өзүмдүн дарегимди жазып туруп күүгүм талаш үч дөңгөлөктүү коляскама отурдум дагы зуулдаган бойдон барып поштонун эшигинин алдындагы темир жашикке салып келдим.

Жубайы Жайна, кыздарым Динара жана Айназик менен.

Жубайы Жайнагүл, кыздары Динара жана Айназик менен.

У Л У У   Б У Р У Л У Ш.

Эртеси эле Кумаш ата гезиттер менен кошо мага келген «Феянын катын» берип кетти. Ошентип, адамдын күлкүсүн келтире турган «кат алышуулар» башталды. Барган сайын колум дагы жатыгып баратты. Мен ал «катка» оюмда эмне болсо, жан-дүйнөмдү эмнелер тынчсыздандырып, эмнелер аласалдырып жатса ошонун бардыгын жазууга аракет кылар элем. «Жооп каттар» да ошондой мааниде жазылчу. «Кат жазышуу» ошентип айдан-айга уланып турду. Бир убакта өзүмө келип ойлонсом, баягы көңүл чөктүргөн «депрессиялар», өлүм жөнүндөгү ойлордон таптакыр дайын жок. Дагы бир кызык, ошол каттар менен улай эле ар кандай кыска кабар, чакан макала жазып райондук гезитке салып жүрдүм. Бир күнү аным дагы гезитке чыгып кетти. Дал ошол гезитке чыккан алакандай кабарлар мага зор күч, эбегейсиз тоодой жөлөк болуп берди. «Менин деле колумдан бир нерсе келет турбайбы, аракет кылсам баары болот турбайбы» деген чечкиндүү ойлор, ынанымдуу үмүттөр пайда болуп баштады.. Кыскасы, депрессиялык абалдан, акыры бир күнү боло турган өлүмдөн мени ошол өзүм менен өзүм жазышкан «каттар» чыгарып кетти. Балким, туңгуюк абалга кептелген дүйнөдөгү адамдардын бири да мындай акылга сыя бербеген жолду таппаса керек. А мен таптым. Ал жол мени жаман абалдан чыгарып коюп гана тим болбой, чыгармачылыкка да баш-отум менен багыттап койду. Анын алгачкы башаты ошол каттарда башталды. Азыр ойлосом, жеке менин ааламымда, жылдызы саналуу, азгантай турмушумда бир жолу гана «жылт» этип, ошол бойдон биротоло жок болуп кеткен ошол татынакай кызга, Нургүлгө кезикпегенимде операция жасаттырып, профессор Алиев айткандай балдаксыз, сопсоо болуп, түптүз басып кетмектирмин..

Жубайы Жайна.

Жубайы Жайнагүл.

Ж О Г О Л У У М А    Ж О Л    Б Е Р Б Е Г Е Н   К Ы З,
«Ж Ы Л Т»  Э Т И П   «Ж О Г О Л Г О Н   Ж Ы Л Д Ы З» 

Балким.. Бирок, бирок анда менин көкүрөгүм, жашоого болгон көз карашым, жан-дүйнөм таптакыр боп-бош калып, сүйүү деген эмне экенин түк түшүнбөй, билбей, а мүмкүн ныпым сабатсыз бойдон калмактырмын? Жек Лондонду окумак турсун ал эмне экенин укпай, көрбөй калмактырмын? Анда менде кайдагы жазуу, кайдагы повесть, роман, кайдагы эссе-аңгемелер? Дегеле окуу, жазуу дегендер түшүмө да кирбей калмактыр? Мындай да болушу толук мүмкүн эле. Эмнеси болсо да ошондо мен өзүмдөн үч жаш улуу кызга жолугуп калганыма, анын мага берип кеткен китебине, ал гана эмес өмүр бойу балдак менен басып калганыма азыр абдан ыраазы болуп, сүйүнүп кетем. Анткени, так ошол учур, так ошол окуйа менин кийинки келечек турмушумду, туман баскан туйук, жабыркаган, жабык көөдөнүмдү ачып, ойготуп, сабатсыздыгымды жойуп, эң башкысы балалык ууз сүйүүмдүн мөлтүр тунук булагыннын башын тазалап, улуу бурулушту көздөй жол баштап кетти. Чын сырымды айтайын, кээде туруп Нургүлдү кечээ жакында эле көргөндөй боло берем, жанымда тургандай сезтп кетеем. Ар бир кыймыл-аракети, дабышы, үнү, жылмайып сүйлөгөнү күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат, кадимкидей эсимде. Кээде ушундай бир өрөпкүгөн улуу сезимге алдырып алам. Ошол кызды, Нургүлдү, азыркы кездеги балпайган байбичени өз көзүм менен бир көрүп, акырын анын тизесине башымды ийип, тийгизип, бир таазим этип алгым келип кетет. Аттиң арман, бирок ал кыз менин кийинки тагдырым жөнүндө, өзүнө болгон менин ыйык жана алгачкы ууз сүйүүм жөнүндө билбейттир, кымындай дагы кабары жоктур. Ким билет? Билбейм.. Бирок менин билгеним ушул – адам баласы кандай гана абалга кириптер болбосун, кабылбасын, андай азаптан чыгуунун көптөгөн жолдору, ыкмалары, шарт-мүмкүнчүлүктөрү бар экенин эч качан унутпаш керек. Бир гана изденүү, чыдамкайлык, туруктуулук бардык кыйынчылыкты багынтат. Үмүт менен жашоо керек. Ушул жерден кошумчалай кете турганым, ошол кызга байланышкан сезимдер, ой-толгоолор, көптөгөн окуяларды кийин «Бейиттеги боз торгой» аттуу роман-эссе китебимде кеңири чагылдырганга аракет кылдым. Чыгармамда ал кызды Анара деп атагам.

Ардактуу акын- жазуучулар менен.

Ардактуу достору, акын – жазуучулар менен.

И Ш Е Н И М     Ж А Н А    И Й Г И Л И К!

Жашоо улана берди, уланып жатат, ошентип менин кийинки жасаган ишим, негизги койгон максатым – гезиттер, кабарлар, маалымат, макалаларды жазууга өтүп кетти. Үч дөңгөлөктүү коляскамдын жанын тындырбас болдум. Талааларга чыгам, иштеп жаткан колхозчуларга кезигем, алардын иштери тууралуу, жакшы иштеген үлгүлүү адамдар жөнүндө жазам. Жазгандарым райондук, облустук, анан республикалык гезиттерге чейин жарыяланып жатты. Ошондой учурда обком комсомолдун жардамы менен жазуу машинкасына ээ болдум. Ишим ого бетер алдыга жыла баштады. Мурда дептердин бир бетин жарым күн толтурсам, эми тынбай терип, чыкылдатып бир күндө он беттен ашыра жазганга жетишчү болдум. Бул, адам дегениңдин табияты ушундай экен, аздап, барган сайын өз жазгандарыма өзүм алымсынбай калчу болдум. Ушундай учурду текке кетирбей дароо башкалардыкына окшобогон ой-толгоолорду, публицистикалык макалаларды, ошолорго улай эле ыр менен аңгеме, новеллаларды жазып кирдим. Алардын айрымдары ал кездеги «Ала-Тоо» журналына, «Учкун», «Көктөм» аталган көркөм чыгармалардын альманахтарына чыгып жатты. Кийинчерээк жазуучулар союзунун ал мезгилдеги Ысык-Көл областы боюнча адабий кеңешчиси, кыргыздын белгилүү жазуучусу Мурза Гапаровдун көмөгү менен «Мектеп» басмасынан 1988-жылы «Өрүк гүлү» деген алгачкы чакан ыр жыйнагым жарыкка чыкты. Бул жыйнактын чыгышы менин да бир нерсе жаза аларыма ишенимимди пайда кылды. Кийин, 1993-жылы шаардык басмаканадан «Бар бол, Нооруз» деген ыр жыйнагым ошол кездеги Каракол шаарынын мэри Асылгүл Абдурехменованын каржылоосу менен жарык көрдү. Эч ойлобогон, күтпөгөн окуйалар көп эле болот турмушта. Бир күнү Ирландиядагы майыптар менен иш алып баруучу эларалык кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү келип, Караколдо эки күндүк семинар өткөрүп калышты. Ага мэрия тарабынан мени да чакырышкан экен. Алар аталган ошол менин китебимен элүүнү сатып алып, англис тилине которуп чыгарышарын, анан дүйнөдөгү майыптарга таратышарын билдиришкен. Айткандай эле бир жылдан кийин, 1995-жылы ал китеп Дублинден англис тилинде чыкканын расмий билдиришти. Бул мен үчүн өтө кубанычтуу болду. 1997-жылы «Үмүт – Жол», 1999-жылы «Кечигип келген махабат» деген ыр жыйнактарым, 2000-жылы «Бийиктик» басмасынын «Арбак куугунтуктаган адам» 2001-жылы «Свет в очах» ырлар жана ошол эле жылы «Сенсиз жашоо мүмкүн эмес көрүнөт» эсселер жыйнагы, 2002-жылы «Периштенин белеги» деген повесттер жана аңгемелер жыйнагым, ал эми 2007-жылы «Бейиттеги боз торгой» деген роман-эссемдин биринчи китеби жарыкка чыкты. Ушул чыгармамдын чыгышы менин чыгармачылыгымдагы бурулуш баскыч болду десем болот.

«Ж И Г И Т Т И Н    С Ө З Ү    Ө Л Г Ө Н Ч Ө  –  Ө З Ү    Ө Л Г Ө Н Ү    А Р Т Ы К»

Ошол «Бейиттеги боз торгой» окурмандар тарабынан өтө жылуу кабыл алынып, ушул күнгө чейин анын экинчи китебин сурап жүрүшөт. Ал эми китептин уландысы жазылып, даярдалганына жети жылдан өтүп калды. Тилекке каршы, каран калган каражаттын жоктугунан роман чыкпай турат. 2007-жылдан бери бир да китебимди чыгара албай келем. Кайсы бир жолугушууда азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров иниме кезигип, ушул көйгөйүмдү айткан элем. Ал айтты эле, «Мындан кийин сиздин китептериңизди мен чыгарып берип турам» деп кубантып, бир челек бакыт аралашкан сүйүнүчтү башымдан ылдый куюп жиберген. «Нысапсызга кашык берсе беш ууртайт болбоюн» деп, «Бейиттеги боз торгойдун» экинчи китебин ага ишенип даярдап бергем. Андан бери туура беш жылдын жүзү болду, баягы бир челек кубанычтын тамчылары сарыгып отуруп, кургап бүткөн. Анда-мында бир телефон чалып, байланышсам: «Кам санабаңыз, чыгат» деп коет болгону. Ошондон бери айла жок «кам санабай» эле жүрөм. Эмне демек элем, албетте, «кимдир бирөө мага жардам бербей койду» деп таарынууга менин кандай акым бар? Жөн гана ата-бабабыздан калгаан «жигиттин сөзү өлгөнчө – өзү өлгөнү артык» деген нар көтөргүс асыл жана накыл сөз менин үмүтүмө үмүт кошуп, ал үмүт биротоло өлүп калбаса экен деген ойдон эч арылалбай келем…

«Т А Л К А Л А Н Г А Н    Д Е Н – С О О Л У К Т У    К Ө Т Ө Р Ү П,
Ж А Н Е Т Т И    Ж Е Й М     Ө Р Г Ө    К А Р А Й    К Ө Ш Ө Р Ү П»

Кайсы бир ырымда ушундай саптар чыгып кеткен. «Талкаланган ден соолукту көтөрүп, жанетти жейм өргө карай көшөрүп» деп жаздым эле. Бара-бара өз турмуш- жашоомо, балким, өз тагдырыма канагаттанбоо, келечегиме ишенбөө пайда боло баштады бир учурда. Гезиттерден келген анча-мынча калем акылар, социалдык жөлөкпул менен өз алдымча үй-жай күтүп, жашап кете албасым жөнүндө ойлорго төө басты болуп, кыйналып жүрдүм. Анын үстүнө тыңыраак баса албаган, көбүнчө коляска менен жүргөн, же билими жок, же колунан бир иш келбеген мендей байкушка ким тиймек эле деген ой да бучкактап, күндүр-түндүр таштабайт. Акырындык менен баягы басмырт ойлор, көңүл чөгөттүк, «депрессия» деген кайра башталды. Ата-энемдин тырмалаңдап жүрүп тапкан нанын мен гана жеп, мен гана түгөтүп жаткандай сезип, дасторконго колум сунулбайт. Өзүмдү ошол үйдөгү, ал тургай бу дүйнөдөгү ашыкча жан, жатып ичер, жанбакты катары көрүп, өзүмдү өзүм жек көрөм. Бирок, бу жолу өлүм жөнүндөгү ойлорду жаныма жакын жууткум келген жок. Ошо өлбөй калган учурда ыйлап отуруп, өз ичимден Нургүлгө: «Эми мындай эссиздикти кайталабайм, менин алсыздыгымды кечирип кой» деп, кечирим сурагам. Ошондой күндөрдүн биринде кечки чайды ичип, көчө жаккы терезе түбүндөгү отургучта отурдум. Бул демейки көрүнүш эле. Биздин үй чоң көчөдө болчу. Бир маалда карасам айылдын четинде Каракол-Фрунзе каттамындагы чоң автобус келатыптыр, ал кезде автобустар төбөсүнө прожектор коюп алышчу. Аны карап отуруп, өзүм күтпөгөн, ниетиме келбеген ой көңүлгө тык этти. «Эгерде ушул автобус токтосо, Фрунзеге кеттим» дедим. Ордумдан шаша туруп, жолдун наркы жагына өттүм да, кол көтөрдүм. Айдоочуга: «Фрунзеге ала кетиңизчи, бирок, акчам жок» дедим. Ал мени бир саамга карап турду да, түш деди. Ошентип, шаарга келдим, чын эле чөнтөгүмдө бир тыйыным жок эле. Анда жаңы автовокзал жок, эскисинде жүрдүм. Анда-санда фонтандагы суудан ичип коем. Үч-төрт күн ошентип жүрдүм, ачкамын. Бир күнү вокзалдан басып отуруп, социалдык камсыздоо министирлигине келдим. Ал кезде министирдин орун басары биздин айылдык Садык деген киши экенин уккам. Ал кишини таап, ал-жайымды түшүндүрдүм, айылда жүрүп тажаганымды, колумдан келген бир ишке орношууга жардам берип коюусун сурандым. «Кайда туруп атасың» деген суроосуна вокзалда экенимди айттым. Кыскарта чапканда, ал кишинин жардамы менен калаадагы карылар интернатынан бир кичиней бөлмө бошотуп беришти, комсомолдун Борбордук Комитетинин кызматкери Жаныш Рустанбековдун жардамы менен «Кыял» бирикмесинин сувенир цехине жумушка алындым. Бул менин турмушумдагы адепки бурулуш эле, ал кез 1972-жыл болучу.

«К Ы Я Л»,   К Ы З Ы К    Ж А Н А   «Ы С Ы К»   К Ы Я Л Д А Р.

Адатта «Жолдуу жигитке ажалдуу кийик жолугат» деген сөз бар эмеспи, мунун чындыгына турмуштук бир жагдай ишендирди. Кайсы бир майрамдабы, же эмгек өргүүсүбү, азыр эсимде жок, айылда жүрүп калдым. Көчөдө баратсам бирөө чакырып калды. Кылчайсам, айыл мектебинин мугалимдеринин бири экен. «Ой, сен кайда жүрөсүң, сени издеп таппай жүрбөйбүзбү» деп калды. Көрсө мындан бир нече жыл мурда эле мени жумушчу жаштардын кечки мектебине каттап коюшуптур. Тигил агай кечки мектептин деректири экен. Экзамен да ортолоп калыптыр. «Аба, ырахмат, мектепке каттап койгонуңузга, бирок, мен китеп бетин бир күн ачпасам, эч кандай даярдыгым болбосо, экзаменди кантип берем, мурдараак билгенимде бир аз болсо да даярданбайт белем, экзамен бере албайм» дедим. Бир азга карап турду да, анан далымдан таптады: «Жолдугун жасап бере аласыңбы?» Мына ошентип, үч уктасам түшүмө кирбеген жерден бир жумага жетпей 11-классты «бүттүм» да, аттестатка ээ болуп калдым. Менин кыйындыгымды карабайсыңарбы, ошо «жолдугун жасап алган» аттестат менен жөн жүрбөй, Бишкектеги бир жылдык бухгалтердик курсту бүтүрүп, бухгалтерлик кесипке ээ болуп албадымбы. «Кыялда» алты жыл иштеп жүрүп айылга келдим. Кийин колхоздун архивинде, башкарманын катчысы болуп бир нече жыл иштедим. Ошо эки иште иштеп, андан тышкары башкармалыктын, парткомдун, комсомол комитетинин дубал гезиттерин чыгарып жүрдүм бир штаттык айлык менен. Башкарма айлыгыңды көбөйтүп берем деп, төрт жыл сүйрөдү. Бул ачыктан-ачык басынтуу, дискриминация болучу. Акыры колхоздон чыгып кеттим.

Ү Й,    Ү М Ү Т,    Ү Л Г Ү.

Жогорку окуу жайын мындай кой, мектеп босогосун аттап, башталгыч билим ала албасам да, 1989-жылы Ысык-Көл областтык «Ысык-Көл правдасы» газетасына машинка басуучу болуп ишке орноштум. Дал ошол кезде областтын жетекчиси Жумгалбек Аманбаев эле. Ал кишиге кирип, гезитте иштеп атканымды, шаарда үйүм жок экенин айтып, үй берүү жагынан жардам сурадым. Ал кишинин адам тагдырына кайдыгер карабагандыгы, чечкиндүүлүгү аркасында төрт айдынн ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эки бөлмөлүү үй алдым. Кийин ар кайсы гезиттерде кабарчы, адабий кызматкер, котормочу, адабият бөлүмүнүн башчысы, саясий баяндамачы («Бешене»), редактордун орун басары («Ысык-Көл үнү»), редактор («Бийиктик» басмасы) болуп иштедим. 2001-жылдан тартып, өзүмдүн чыгармачылыгымдан тышкары, башка авторлордун кол жазмаларын адеп компьютерге терип, алымча-кошумчасын киргизип, редакциялап, баш сөз жазып, басмага даярдоо багытында иштеп келдим. Ушул кезге чейин менин колумдан башка авторлордун 83 китеби даярдалды, алардын 71 китеби жарыкка чыкты. Булардын бардыгын термелеп айтып, мактанып, өзүмдүн кыйын, өзгөчө экенимди жар салайын деген ниетим жок. Жөн гана адамдын чыныгы каалоосу, умтулуусу, чыдамкайлыгы, жашоого болгон кумары көп нерсеге жеткирет деген ойду кыйыткым келет.

Адамдын көрө турган күнү, иче турган суусу, кечире турган өмүрү маңдайына жазылат дешет. Мунун канчасы чын, канчасы божомол экенин билбейм. Кээде ушуга ишене албай да кетем. Себеби, «маңдайга жазылганы ушул болсо эмне кылайын, же өлүп кетейинби» деп, мүңкүрөп отуруп калганымда эмне болот? Балким, базарлардагы азыркы кайырчылардын катарына дагы бирөө кошулмак. Кудайга шүгүр, андай болгон жок. Көп жыл мурда бир ырымда: «Кечир тагдыр, мен өзүңдү жасап алам кол менен» деп, өтө көтөрүңкү пафос менен ыр жазган экем. Балким, бул ошол учурдагы тагдырыма жасаган каршылыгым, кылган протестим болгондур. Азыр муну курулай шаңдануу, обу жок кайраттуулук үчүн гана жазбаган экемин деген ойго урунам. Анткени ошол убадамдын кандайдыр бир даражасын аткара алдым го деп ойлойм. Алгач 1978-жылы айылдагы бир келинге үйлөндүм. Андан эки уулдуу болдук, үчүнчүсү чарчап калды. Он жылдан кийин турмушубуз бузулду. Жан-дүйнөнүн боштугу, аялыма карата болгон тырмак агындай сезимдин жоктугу мени өз үйүмдөн чыгып кетүүгө мажбур кылды. Шаарга келип, батирге чыгып, андан мурда төрт жыл бою кат алышып жүргөн Оштук Гүлнара деген келин менен баш коштум.

Т А Н К А Д А Й    Т Е П С Е Г Е Н    Т А Г Д Ы Р.

Экөөбүз төрт балалуу болдук, бирок, эгиз кызымдын бири чарчап калды. Аттиң, канча кылганы менен тагдыр деген өз билгенин кыла берет тура. 1998-жылы Гүлнара катуу оорудан каза болуп калды. Бир жарымга келип калган кичүү кызымды карындашым, уулум менен кызымды Оштогу кайнежем алып кетишти. Шаң-күлкүгө толуп турган үйдө кош балдагым менен жалгыз калдым. Берки эки уулум интернатта окуп жатышкан. Мына, эми бардыгы бүттү деген төө басты ойлорго дагы кептелдим. Кыргыздар мындайда эмне кылчу эле? Ии, ошо… Мен дагы андан кыйгап өтө албадым. Анан «жыргализм» башталды, кудайдан жөө качкандардын баары меникинде, күндө майрам, күндө той. Ошентип, бир жылдан ашык гүүлдөптүрмүн, атаңгөрү. Ичкилик ичкенде ыйлап алмай адатым бар эле. Бир күнү тойлоп отуруп, сыртка чыккым келди, ал кезде тың басчумун. Борбор тарапка бараткам, адатымча ыйлап алсам керек, капысынан эле жанымдан: «Ай, уулум!» – деген үн угулду. Карасам отургучта бир кемпир отуруптур, негедир жиним менен: «Ой, эмне!» – деп кыйкырып жибердим. Ал киши кебелбей туруп гана: «Уулум, сенин азыр эмне ойлоп баратканыңды билим турам. Сен өзүңдөн жогоркуларды ойлобой, өзүңдөн төмөнкүлөрдү ойлоп, ошого топук кыл», – деди. Бирөө башка муштап жибергенсип, көзүм ачыла түштү. «Түшүндүм, апа, ырахмат!», – дедим да ары бастым. Сөзү кулагымда тынымсыз жаңырып, кайталанып жатты. Ого бетер өксүп ыйлагым келди, ошо бейтааныш апанын тизесин кучактап алып, буркурагым келди. Анча узай элек элем, кайра артка тарттым. Келсем – жок, таппай калдым. Негедир кийинчерээк жөн гана менин көзүмө көрүндү го деп ойлоп да койдум. Эмнеси болсо да ошол бейтааныш апанын сөзү сезимиме катуу сиңип, тынчтык бербей жүрдү. Мында чоң философия бар экен. Кыскасы, мен ошондон кийин жылдан ашык созулуп бараткан «акырындык менен өлүү» туңгуюгунан таза чыгып кеттим.

Өзүмдөн жыйырма төрт жаш кичүү дагы бир келинге үйлөндүм. Төрт жыл жашадык. Бирок, ал да болбоду, көп басып көнүп калган келин экен. Эртең менен кетсе кечинде, же эртеси келет. Менин ток отурамбы, ачка отурамбы – иши да жок. Кой дедим да, урушпай-талашпай ажырашып кеттик. Мурда жатакана тибиндеги көп кабаттуу үйдөн эки бөлмө үй алып койдум эле, ошону бердим. Кубанган бойдон кетти. Андан кийин, 2005-жылы Жайна экөөбүз баш коштук, ал менден он сегиз жаш кичүү. Кызыбыз быйыл экинчи класста окуйт.

Ошентип жүрөк согуп турган кезде бардыгы бүтпөйт экен. Жашоо улана берет экен. Кудайга шүгүр, төгүл-чачыл турмушка жете албасак да, өпчап пенсия менен анын жарытпаган айлыгы менен жашап келатабыз. Менин улуу кызым, Жайнанын кызы турмушка чыгышкан. Ал кызым төрт жылдан бери Москвада иштейт. Улуу баламдын эки уулу бар. Турмушка, тагдырга нааразычылыгым жок. Бул эми кооздук, кыйынсынуу иретинде гана айтылган сөз эмес. Анткени мен мындан кыйын, мындан оор кыйынчылыкта жашагам да. Бир өкүнгөнүм – чеке жылытпаган каражат үчүн көз майымды, ден соолугумду коротуп, он беш жылымды башка авторлордун чаң-топону аралашкан кол жазмаларына сарп кылганым. Ушунча убакытты өз чыгармаларыма жумшаганымда дагы көптөгөн чыгармаларды жазып алат белем? Эми өткөндү кайтара албайсың. Айрым калемдештерим оюн-чындан тигилерди: «Сатыбалдиевдин мектебинен чыккан акын-жазуучулар» деп коюшат. Ошондой болсо деле ара-чолодо бир кыйла чыгармаларды жазууга үлгүргөн экем. Аларды өз-өзүнчө жыйнак кылып даярдап койдум. Көлөмдүү беш жыйнагым турат. Буйруса, алардын да жарыкка чыгар күнү болуп калар деген үмүттөн ажырай элекмин.

С Ө З    С О Ң У.

Ушундай. Айагында айта турган жыйынтыктоочу сөзүм бул. Жогоруда баса белгиленип айтылды, атайын жогорку окуу жайда окумак турсун орто же башталгыч мектептин босогосун аттабаган «Бейне» коногу Мусакун (Даанышман) САТЫБАЛДИЕВ абабыздын көптөгөн чыгармалары англис, монгол, орус, кытай, казак жана түрк тилдеринде жарыяланган. Өзү да башкалардын чыгармаларын тынбай которот. Поляк жазуучусу Б. Вырыпаевдин «Дели бийи», М. Задорновдун «Соңку аракет» аттуу пьесаларын жетик жана таамай которгон. Алар азыр «Сахна» этно-фольклордук театры тарабынан сахнада коюлуп жатат. Мындан тышкары онго жакын кандидаттык, докторлук диссертацияларды кыргыз тилине оодарган. Бишкектеги айрым акындардын ырларынын орусча сөзмө-сөз котормосун (подстрочнигин) жасап келет.

Кыргыз Жазуучулар Сойузунун, Кыргызстан Жаштар сойузунун Борбордук Комитетинин бир нече Ардак грамоталары, Ысык-Көл обулустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана «Мактоо баракчасы» жана акчалай сыйлыктары менен сыйланган. Андан тышкары бир нече гезит редакцияларынын Ардак грамоталарынын татыктуу ээси. «Алтын көпүрө» адабий сыйлыгын алган. 2013-жылы Саруу айыл өкмөтү «Саруу айылынын Ардактуу атуулу» деген наам ыйгарган. 1996-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Үй-бүлөлүү. Өмүрлүк жубайы Жайнагүл Ысык-Көл обулустук ооруканада эмгектенет. Төрт уулу, төрт кызы, эки небереси бар.

Он-лайн маек алган жана “Бейнени” дайардаган автор Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист, Финляндия, Келсинки шаары. 14-апрель, 2015-жыл.

Эскертүү: Макала маекти автордун жана сайт
ээсинин уруксатысыз алууга тыйуу салынат.

Apr 09

Сайакат..

*****************************************************************************************************************

К Ы Р Д А Г Ы   К Ы Й А Л

Жайдын мээ кайнаткан ысыгында Ат-Башыдагы райборбордук оорукананын каңылжаарды жарып «буруксуган» үч орунтуктуу бөлмөсүндө жатам. Турганга, басканга болбойт. Жанымдагы элүүнү жаңы эңкейип калган байкенин (азыр элүүнү мен да эңкейдим) дарты меникинен кыйла оор. Бирок ал киши бүкүрөйүп алып, ичин колу менен басып коюп жүрө берет, жатпайт, дегеле жаны тынбайт. Анын ашказанынын жарымынан көбүн кесип салышкан. А менин дартым «сокур ичеги» болгону. Ошого жатам, онтолоп, туралбайм. Оорубайт деле, онтогонумдун себеби башкада эле. Онду эми бүтүп, акыркы экзамендерди тапшырып, «ана, мына шаарга кетем» деп желпинип, делбе тап болуп турганымда «ок» тийип ооруп калгам. Ой-максаттарымдын баарын «оорутуп», бириндетип, бузуп, чачыратып. Курбу-курдаштарымдын бири калбай шаарлап кеткен. «Окуйбуз, чокуйбуз, иштейбиз, талкалайбыз, кыйратабыз» деген айбаттуу, аруу максат менен түп көтөрө көчүп кетишкен. Баары тең барып эле ошол кездеги сүйүктүү борбор шаарыбыз Фрунзени «багынтышмак». Эч нерсеге жараксыздан экөөбүз эле калганбыз. Биринчиси, «эртең шаарга, окууга кетем» деп ээлигип алган классташ кызым Нуриланы экзаменден чыгып эшиктин босогосун аттай электе аңдып турган «атан төөдөй» жигиттер ала качып кетишкен. Экинчиси, башка күн калбай калгансып так ошол күндөрү кычап, кыйраткансып ооруп, «ок» тийип калган мен. Ошон үчүн ал «сокур ичеги» деген оору тура көрсө, эч нерсени көрбөгөн, билбеген, адамды түк түшүнгүсү келбеген. Ал кыз го келин болуп «керилип» отуруп калды, үй-бүлө күтүп. А мен жатам апапак «койкада», үйдөн жок, же чүйдөн жок, же окуу-чокуусунан жок, онтолоп..

УЛУУ КЫТАЙ СЕПИЛИНДЕ. 2005-жыл, декабрь.

Улуу Кытай Сепилинде. 2005-жыл, декабрь.

Байкуш, ошол оорукчан киши аркы-беркини, узун тарыхты, не бир укмуштун баарын билген тарых мугалими эле. Эриктирбейт. Жаман жери «насыбай» чегет. Тынбай чегет. «Чеккенге болбойт» дешкен. Күндө айтышат. Урушуп, тилдеп кетишет. Доктурлары, медайымы, ал эмес тактай жуугандары да куру калбай кагып-силкип, «чекпе, түкүрбө» дешет. Болбойт, укпайт. Жаздыгынын алдына катып коюп чеккени чеккен. Элеңдеп эки жакты карайт да, ээрдин ачып сала коет. Анысына көп кызыкпайм, ал кишинин сөзү кызык, өзү да сөзү да «таттуу» эле. Бүтүндөй дүйнөгө саякаттап, кыдырып бозуп кетебиз. Улуу Кытай сепилин укмуштай сүрөттөп, көркөмдөп, көрүүгө зар экенин күндө кайталайт, айткандан түк тажабайт. «Аман-эсен айыгып чыксам ары керемет, ары сыйкырдуу дубалдын жомок эмес экенин өз көзүм менен көрүп, ошол дубалдын кыры менен басып, бир барып келсем эки дүйнөдө армансыз болот элем» дейт. Ооруканадан чыгаар-чыккыча, кетээр-кеткиче ошол сөзүн кайра-кайра кайталай бергени бүгүн да көз алдымда, азыр да эсимде. Атаганат, кайдаан, аз өтпөй эле ал кишинин дүйнөдөн өтүп кеткени тууралуу кабар келди. «Рак» деген оору тооруганда жаман тура. Ошондон баштап ошол кишинин айткан Кытай дубалы эсимден эч убакта кетпей эңсегеним, каалаганым, баалаганым Кытай дубалы болду да калды. Барып, көрүп, кырын кырдай басып келсем деген айыкпас «оору» пайда болгон. Ооруканадан чыккан соң түз эле жайлоого кеттим. Окуу-чокууга тапшырмай аяктап, алды «кулап», артындагылары кыйгаз ээрден ооп, «кыйшайып» калган учур болчу. А мага кайдагы окуу?. Менин бараар, көрөөр жерим жалгыз жайлоо болгондуктан ойлонуп отурбай дароо кеткем.

Төрт тарабы келишкен Аксайдагы керемет жайлоо «Тешик-Чап». Чалкайган эки төр, «бири чоң, бири кичи айрык» деп аталат. Экөөнүн тең өтөктөрү жайкалган көк жашыл «килемге» бөлөнүп, биринен-бири өтүп, жанаша жайылып кеткен өзөндөр созулуп барып асман тиреген ак мөңгүлүү зоого барып такалат. Зоонун аржак бети, кырды ашсаң эле Кытай. Мени кызыктырып, убайым жегизип, уктатпагны эле ушул. Кытай жагы. Кырга чыккым, көргүм, баргым келе берет. А бирок атамдын айтканы сестентет. «Барба, чыкпа, чегарачылар билип, көрүп калат, кармап, камап салат» дегенин койбойт. А мен бир аз сестенип коркконум менен ичимден «барам, чыгам, көрөм» дегенимди койбойм. Ошентип жүрүп бир күнү Кыргыз-Кытай тоосунун кырына да чыктым. фото 01
Шамал ыркыраган улуу чокунун ызгаар суугуна кайыгып, үйдөй болгон ак таштын үстүндө далайга чейин эки жакты карап элейдим. Ошол жерге отуруп алып Улуу Кытайдын Улуу сепилин издегем. Биз тарабы жанда жок бийик, эшилген корум таштар, жалама зоолордун үстүн салаңдаган көпкөк муз мөңгү басып жатканы менен Кытай тарабы жайдак, түзөңдөп барып түп-түз мунарык баскан боз чаңгыл талааларынан башка эч нерсе көрүнбөйт. Көпкө чейин көжөлүп узатасынан кеткен сыйкырдуу дубалдарды издеп таппай, көк муштум болуп титиреп, үшүй баштаганымда, Улуу Кытай дубалын көрбөсүмө көзүм жеткенде гана, ыркыраган бороондуу кырдан ылдый карай томолонуп-жумаланып, «дыркыраган» бойдон төмөн түшүп, баса бергем. Ал “эрдигим” үчүн атамдан катуу тил угуп, таяк жеп кала жаздагам. Туз насип буйуруп кийин 2005-жылдын декабрь айында Улуу Кытайдын Улуу дубалына чыгып, кырын далайга кырдап бастым. Улуу Дубалдын кырына туруп алып оруканадагы оорулуу агай менен өзүмдүн өткөн кездеги кең өзөндү бойлоп келип, көк муштум болуп, Кытай-Кыргыз чокусундагы ыркыраган ызгаардуу шамалды азыр да сагынып, ал мезгилди эңсегеним эңсеген…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, Келсинки, Финляндия. май, 2012-жыл.

Apr 03

Бейне..

ээ 91«КЫЗДАРЫ СУЛУУ КЫРГЫЗДЫН»

Атпай журтка аттын кашкасындай таанымал даңазалуу кыргыз ырчысы, комузчу-аткаруучу,
Кыргыз Республикасынын Эл артисти,
Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти,
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат САДЫКОВА «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун өздүк айылынын (сайты) «Бейне» рубрикасынын алгачкы коногу. Кыргыз сыймыгы Саламат эжекебиз 1956-жылы 28-сентябрда Баткен обулусуна караштуу Баткен районунун Кызыл-Жол айылында туулган.

*****************************************************************************************************************
«Мындай үнгө эгедер болгон дүйнөдө үч гана ырчыны билем. Алардын бири Саламат САДЫКОВА». 
(
Чет өлкөлүк журналист Марк ХАМФИ)

«БИР АЙТТЫМ ДА, ЧЫГЫП КЕТТИМ»

– Саламат Садыкованын балалыгы татаал болгонунан кабарыбыз бар. Ошол абалда ырчылык талантыңызды ачуу оңой болбосо керек?…
– Ата-энем эрте кеткени мен өзүм менен өзүм болуп, жан дүйнөмдө эмне болсо өзүм талдап, өзүм бүтүм чыгарып көндүм. Эсимде, эң алгачкы жолу 4-классымда “Эне жөнүндө баллада” деген ырды ырдап чыктым. Үнүмдө энеме болгон куса, орду толгус жоготуу болсо керек, айрымдар жашыганга чейин барышты. Ошондон баштап “мен ырчы болом” деген максат пайда болду. Талант – Жараткан ыроологон белек. Ал кимдир бирөөнүн ачышына муктаж эмес болуш керек. Ошондон баштап мектепте, райондо концерт менсиз өтчү эмес. Бизде, Баткенде ырчы десе эле чалкасынан кетип каршы болушчу. Музыкага дилгирлигим ушунчалык десеңиз, каршы чыккан туугандарымды “китепканачы болуп иштеп жатам” деп алдап коюп, өзүм маданий бөлүмдө иштеп жүрдүм. 17 жашымда районго атым чыгып, ырчы кыз аталгам.ээ 77
Ошол жылдары Таластан бир жигит биздин айылдагы туугандарына конокко келип калды. Туугандары азыркылардын сөзү менен айтканда, ал жигитке “кастинг” уюштуруп, түрдүү кыздарды көрсөтөт. Ал менин ырдаганымды көрүп жактырып калса керек, “ырчы кызды алам, андан башканы албайм” дептир. Жумушка бара жатсам, алты метрдей аралыкта басып алып тиги жигит мага “чоң кыз, жактырып калдым, макул болсоң Таласка алып кетем” деди. Мен “жок, мен ырчы болом, окушум керек” деп баш чайкайм.

Акыры анын жеңеси мени алдап үйүнө чакырды. Кашы-көзү кара сулуу жигит аккордеонду кармап тартымыш болуп отуруптур. Жеңеси “экөөң Кара-Бууранын театрында иштей бересиңер. Бул дагы ырдаганды жакшы көрөт” деп убадаларды укмуш берип жатат. Ошентип, алдап отуруп жоолук салып коюшту.

Ошентип, 17 жашымда таластык жигит менен турмуштун чоң даңгырына түштүм.

Ойлоп көрсөм бала эле экем, болбосо башымдан жоолукту алып салып, кетип деле калбайт белем. Ошол эле күнү поездге түшүп, күйөөмдүн айылына келип тойду берип жашап калдык. Азыр да барган жерим тууралуу жаман сүйлөгүм келбейт. Анткени мени бүлө катары жакшы кабыл алышты. Аттиң, баары дүйнөдө жакшы мамиле менен чектелбейт тура!..

– Күйөөңүз “кийин ырдатам” деген убадасын унутуп калдыбы?
– Ал убада Баткенден бери чыкканда эле унутулган. Он жылдай кара казан менен кагышып, күйөөмө үлгүлүү жубай, кыздарыма эне болдум.

Бирок менин ордум башка жерде – өнөр секисинде экенин ички туюмум менен туюп эле жүрдүм. Мен үй-бүлөнү да, чыгармачылыкты да тең алып кете аларыма ишенген элем. Бирок күйөөм “ырчылыкты кулагыма угузба” деп эле так кесер туруп алды. Менимче, “аялы ырдайт” деген сокур намыс кылдыбы же кызгандыбы, билбейм, айтор, анын ырдатпасына көзүм жеткен соң кылчайбай чыгып кеттим.

Мен билгем, алдымда оңой жол турбаганын, тамандарым таштак жолго тилинерин. Бирок ошонун баарына баш байлап, көкүрөгүм дегдеген өнөр секисине жол алдым.ээ 95

КЕЧ ЖОЛУКТУК…

– Өзүңүз өңдүү-түстүү аялсыз. Сиздин баркыңызга жете турган мырза кантип табылган жок. Же сиздин талабыңыз өтө күчтүүбү?
– Чыгармачылык менен алышып жүрүп, убакыттан уттуруп алдым. Аял үчүн убакыт өтө кымбат нерсе экен.

ээ 92Жашоомдо бир адам терең из калтырып кетти. Экөөбүз беш-алты жыл жашадык. Ал Саламатты турган турушу менен, атагы менен, кыялы менен толук кабыл алып сүйө алды.

Аз, бирок мазмундуу жашадык. Бирок анын мурунку үй-бүлөсү тынчыбызды алып туруп алды. Мен ушундай аялмын. Бакытты кимдир бирөө менен бөлүшө албайм. Балдарынан көңүлү тынчыбай, анын менин алдымда актанып, бечара болушун каалабадым. Мында да чечимди өзүм кабыл алып, көңүлүбүз кирдей электе коё бердим. Билбейм, мага ошол адам ушунчалык жылуулук таштап кетиптир. Анын табы азыр да өчпөгөндөй туюлат. Кийин деле колумду сурагандар көп болду, бирок…

– Кийин жолукпадыңарбы?

– Жолукканды каалабадык деле. Азыр деле жолугуудан качып жүрөбүз (жылмайып).

– Экс-президент Акаевдин, “мага Саламат Садыкованын гана үнү жагат” деген сөзү эл ичинде аябай уу-дуу болгон эле...
– Мамилебиз жакшы болчу. Эл башында турган адам акылдуу болсо, ошол элдин маданиятын, өнөрлүүсүн баалайт. Мен ал адамды өтө интеллектуалдуу адам катары баалайм.

– Комузду күүлөп отуруп сүй­лөйт экенсиз. Канча жашы­ңыз­дан бери чертесиз?
– Комузду 26 жашымда үйрөндүм. Ырдап жатканда айрымдар аккордеон, комуз чертип бербей же даярданганга келбей, аябай кыжалат кылышчу. Акыры “эл черткен комузду мен неге чертпейм?” деп көгөрүп отуруп үйрөнүп алгам. Комуз менен эчен өлкө кыдырып, элге таанылып калдым. Ошол кезде Нуржамал Таабалдиевадан кийинки эле комуз менен ырдаган аял мен болчумун.

– Сиздин үнүңүздү угуп, Марк Хамфи аттуу журналист эзели көрбөгөн Кыргызстанга сизге жолугуу үчүн келген дешет…
– Биз, “Камбаркан” тобу Японияга барып альбом чыгарган элек. Анда менин ырларым көп болчу. АКШнын журналисти диск саткан күркөдөн ошол альбомду алып угуп, менин үнүмдү жактырып, атайын жолугуу үчүн мага келиптир. Бизде сайт деген түшүнүк жокто ошол адам менин ырларымды эл аралык сайтка чыгарган эле. Бул дагы менин чыгармачылыгыма дем берген нерсе болду.

– Кыздарыңыздын ичинен кимиси сизге жакын?

– Эки кызым тең эле бирдей. Бирок кичүүм менин дүйнөмдү өзгөчө түшүнөт. Чагымчылардын айынан кээде жумуштан тиштенип барып, үйдүн эшигин ачарым менен “баа!” деп бакырып ыйлап жиберген учурларым болчу. Бийиктеп баратсам буттан тартып, ырдап жатсам көшөгөнүн артында туруп алып күбүрөп-шыбырап тургандар болгон. Ошондой оор кырдаалдарда жанымда караан болуп жүрдү.
– Эгерде жашооңузду кайра кайрып берүү мүмкүнчүлүгү болсо, сиз эмнени өзгөртмөксүз?
– (Ойлонуп) Эч нерсени өзгөрт­пөйт элем.
– Жан дүйнөнүн майрамы сиз үчүн эмне?
– Мен үчүн жан дүйнөнүн майрамы – сүйүү. Сүйүү сени эч качан сатпайт, текеберлентпейт, мээримдүү кылат.

Нуржамал ЖИЙДЕБАЕВА. Маалымат булагы:
Маек «Супер-инфо» гезитинин өздүк сайтынан алынды.

******************************************************************************************************************

КЫРГЫЗ ЖЕРИ (КЫРГЫЗ ГИМНИ)ээ 93

Mar 26

Ааламга «аккан» китеп..

Айнагүл РАИМКУЛОВА, Волгаград шаары.

Айнагүл РАИМКУЛОВА, Волгаград шаары.

«АГЫНДЫЛАРДЫН» АГЫМЫНАН БИР ҮЗҮМ..

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» аттуу китебин кимдер билбейт. «Агындыларды» окусам деген талапкерлер Кыргызстанда эле эмес чет жерлерде да жүздөп саналса керек. Ошондой окурмандарыбыздын бири Айнагүл аттуу мекендешибиз тээ Волгаград шаарынан Маскөөгө буйуртма жиберген экен. Айнагүлдүн өтүнүчүн орундатуу үчүн жаңы эле колума тийген, «бойогу кургай элек» «Агындылар» китебинен бирди колтуктап алып, Повелецкий вокзалына бардым. Ошол жерден Волгаградка автобуз да, поезд да каттаарын айтышты. Жетип эле автобуска чыпта (билет) сатуучу көзөнөкө кайрылдым да, Волгаградка кетүүчү автобустун айдоочусун кайдан табаарымды сурадым. Ал жерде олтурган кыз көзү ачыктай эле: – Бир нерсе берип жибересиңби? – деп сурады да – азыркысына жетишпей калдың, кечкисин күт – деп сөздү тез эле бүтүрдү. Ары басып 20 мүнөттөн кийин поезд жөнөөрүн билдим да, тез басып поезд жөнөөчү аянтка чыктым. Он чакты вагону бар поездин ар бир вагонунун оозунда бирден чыкыя кийинген борте кыздар (проводницалар) өз жүргүнчүлөрүн күтүп турушкан экен. Жүргүнчүлөр эчак эле ичине кирип кетишкенби же жөнөөчү адам азбы айтор мен күткөндөй опур-топур киши жок. Мен жетип эле эң четки борте кызды кепке тартым да, китепти ала барып берип койо аласызбы деп сурадым. Ал мени кубандырып, шар эле “албетте” деп жооп берди да “500 рублей” деп кошумчалап койду. Мен шаабайым сууй түштү, анткени 500 рублей мен үчүн көп акча эле. Мен соодалашууга аракет кылып көрүп, бирок кыздын айтканынан кайтпай турганын түшүндүм. Анан ар бир борте кыздын жанына барып, бардыгынан “жок” деген жооп алдым. Ошондон кийин гана мен барган биринчи кыз мага “ыймандуу” көрүнүп калды. Ошондой болсо да эң акыркы вагондун жанында бири-бирин узатып турушкан бирин-серин жүргүнчүлөрдөн өтүнүп көрөйүн деп чечтим. Ал жерде эки кемпир жана бир кыз-жигит бири-бирин узатып жатышкан экен. Мен кемпирлердин жактырбаган көз караштарынан улам аларга унчукпадым. Ал эми кыз-жигиттин мага көңүл бөлө турган түрлөрү жок.

Маскөө шаары, Павелецский бекети.

Маскөө шаары, Павелецкий бекети.

Ошентип бул жерден китебимди жөнөтө албай турганымды түшүнсөм да, дагы бирөө келип калчудай үмүт кылып тура бердим. Борте кыз жүргүнчүлөрдү кирип орун алуусун эскертти. Кемпирлер бири-бири менен жылуу коштошуп, бири калды да бири вагонго кирип кетти. Кыз менен жигит гана коштошо албай турушту. Ыйлап жиберчүдөй болгон кыз жигитти койо бергиси жок. Бир колунда желим баштыгы бар жигит бир колу менен кыздын эки колун тең кармап, кызды тигилип карап турат. Борте кыз дагы бир жолу кетүүчүлөрдүн ичке кирүүсүн эскертти. Анын бул жолку эскертүүсү жигитке гана тиешелүү эле. Жигит оор дем алды да, кыздын сунулган колдорун калтырган бойдон колун акырын сууруп алды. – Евгений – деди кыз жашылданган үн менен. Жигит кыздын колдорун кайрадан кармай калды. Кыз эч нерсе айта албай буулугуп тура берди. Мен акырын жигиттин жанына басып келдим да, качанкы бир таанышымдан бетер – Евгений – деп акырын үн каттым. Ал дагы эч таң калбастан мен жака бир аз башын буруп, бирок кыздан көзүн албаган калыбынча – угуп жатам – деп койду. Мен аны өтө алаксытып жибербейин деген аракет менен акырын гана: – Волгаграддын өзүнө чейин барасыңбы? – деп сурадым. Ал кыска гана – ооба – деп жооп берди.
– Мен китеп берип жиберейин, ал жерден сени тосуп алышат – деп мүмкүн болушунча кыска жана тез-тез түшүндүрө салдым. Ошондон кийин гана ал мага бурулуп карады да:
– Тосуп алаары аныкпы? – деп сурады.
Мен: – албетте – деп жооп бердим да, колу бошой калган жигитке китепти карматтым. Ошентип Евгений китепти баштыгына салды да кыз менен коштошуп вагонго кирди. Анан ал артка кайрылып: – эгер эч ким тосуп албаса, китепти эмне кылам – деп сурады. Мен бул жигитке ишенгенимди же жөн эле тобокел кылганымды түшүнө албай турдум. Анан анын суроосун жоопсуз калтырбайын деп: – эгер эч ким тосуп албаса өзүң окуп кой – деп тамашаладым. Ал аргасыз жылмайды да кирип кетти. Не бар, не жок Евгенийдин телефон номерин алып калсам болмок, бирок эч мүмкүнчүлүк болбоду. Ошондой болсо да аны узаткан кыздан сурап көрөйүн деп ойлодум. Вагондордун бардыгы эшигин жаап, поезд алыска жөнөөчүдөй дем чыгаргандан кийин кыз менин алдыма түшүп жөнөп калды. Мен тез-тез басып аны токтотмоко: -чоң кыз – деп кайрылдым. Бирок ал менден да тез- тез басып, алдыга узап баратты. Ошондо гана мен анын буулугуп ыйлап бара жатканын сездим. Кызык эле иш болду. Эми Айнагүлгө телефон чалып, вагондун номерин айтып, анан андагы – Евгений деген жүргүнчүнү табасың – деп айткандан башка арга жок. Мен вокзалдын эшигине жакындаганда баягы кыздын күтүп турганын көрдүм. Ыңгайсыз болсо да ага келип Евгенийдин телефон номерин сурадым. Ал атайын ошол үчүн күтүп тургандай дароо телефонун чукулап калды, анан бир нерсе эсине түшө калгандай токтой калып: -сиз менин телефон номеримди алып кете бериңиз, мен ага өзүм чалып койом деди. Ошондо гана кыздын аты Вера экенин билдим. Эртеси кечинде Айнагүлдүн “Агындыларды” алганы жөнүндөгү сүйүнүчү ээ 63фейсбука жарыяланганда мен дагы кубанычта болдум. Дүйнөдө адамгерчиликтүү адамдардын бар экени кандай жакшы! Рахмат силерге Евгений менен Вера! Ылайым сүйүүңөр түбөлүктүү болсун!.

Керимбек КАДЫРКУЛОВ, Маскөө шаарынан. 26.03.2015.

Mar 24

Ириң..

И Р И Ң ( а ң г е м е )

Как эле жоон куйрукка чыкты. Чыканына канча болду эч ким билбейт. Ириң чыккандан бери жоон куйругу да бир жерге орун басып, жарытаарлык отура элек. Отурса эле жини когу аралашып, теринин алдында жайгашкан жеринен атылып чыкчудай. Тери алдында дененин бир учунан бир учуна ылдамдык менен жүрүп турган кан да ушерге келгенде, тушалган күлүктөй тык токтойт. Ириңдин кыйындыгын көр, агып келген таза кандын жолун бууп, ак кочкул ириңге айлантат. Көрсөң, ириңдер да чогулуп алып, тери алдында канча сайран курса, жоон куйрук да ошончо сыздап ооруйт. Жоон куйруктун ээси да, уяттуу жерине чыккандан уламбы, ириңдин көзүн жардырып доктурга да көрүнгөн жок. Уялды. Сыздаткан азабына да чыдады. Бири-бирине машташкан ириң, эми бармак басым жерди гана эмес, дененин баарын ириңге айлантмак болду. Жолунан чыккан таза кандын баарын өзүнө имерди. Жаманга шып жабышкан бу илдет да, колунда көөрү, тилинде мөөрү бардай , баарын ушул бармак басым жерге жыйнап, бу дененин тамырын түбүнөн кыркып, таптакыр эле жок кылып салса. Ушу анын оюу. А, жоон куйрук болсо, эки нерседен коркот,биринчиси отургандан, экинчиси доктурга барып, кестирип салгандан… жоон куйрук ээси да күн алыс дагырадай болгон жамбашын күзгүгө келип, түнкүсүн жатаар алдында карап коет… Ириң да жөн жатпайт. Оорутканы аз келгенсип, барган сайын дене бойго кулачын жайып калды…

Бу киши жатканда чалкасынан эмес, көмкөрөсүнөн жатып калды. Ага баары эле көмкөрөсүнөн жатып, көмкөрөсүнөн түш көрүп калгандай сезилди… Көзү көрбөсө болду, артын ит тиштесе да кайыл. Сыздатканын айтпа. Ириң барган сайын чоңоюп баратты… коңулу жарашса, суур деле жолборс үркүтөт… дегендей ириңдин азабын айтпа… Кишини кеч кирээри менен катыны тилдеп кирет. ээ 88Ириң деп эле иштин баарын токтотуп салмак болду. Аялына да табити жок. Кочкул кан бузулуп, кир кокко аралашат. Ириңдер барган сайын дене алдындагы бийликти колго алып, килтейген адамды алып тыналы деп, каршы-терши ызыгып калды. Жоон куйруктагы көк баш ириң, бармактай шүштүйүп, парсанагы мына-ана жарылчудай… Киши жумушка барса да, чооң-чоң чогулуштарда сүйлөсө да, түк отурбай трибунадан түшпөй калды. Оозунан жалындуу сөздөр түшпөй, ажыдаардай азынаганы менен, баягы көчүктөгү ириңи маал-маалы менен сыздатып кирет… Чиновниктин жоон куйругу гана ириңдебей, көчө да ириңдеп, котологон эл аянтка толуп кетти… Күндө “Кетсин! Кетсин! Кетсин!” деген үндөр терезе алдынан угулуп, жаалы кармаган элдин кара жини кайнап турду. Көчөдөгү “Ириңдин көзүн тазалабаса болбойт!” деген сөздү укса эле, бу жоон куйругун ойлойт. Ириң деген сөздү укса, мунун денеси титиреп кетет. Бүгүн да эл кара тумандай үйүлдү. Терезеден караса, тим эле кара таандай быкпыраган эл. Айрымдары темир тосмодон ашып түшө баштады. Эл темир тосмого уйгактай жармашты. Ушинтип турганда тосмонун темир дарбазасы ачылып кетти… Калдайган караан селдей агылып, ичкери кире баштады. Жүрөгүнө суу сепкендей чоочуду. Коридорго чыгып,”Кирип келишти!”деп айтайын десе бир жан жок. Баары качып кетиптир. Жогорку кабаттагылар да бири калбай качып кетиптир. Качканда да жөн качпай, вертолет менен качыпыптыр…

Сороюп эле өзү калганбы, лам деген киши жок. Бу деле качып кетейин деген. Басса эле жоон куйругу оорутат. Басайын дейт, баса албайт, качайын дейт кача албайт. Айласы куруду. Эмнеси болсо да ичкериден эшигин бекетип, демин чыгарбай жашынып калмак болду. Селдей кара таан булар турган кабатка чагылгандай атырылып жетип келди. Дуулдаган үндөр. “Тарс”, “Тарс” тебилген эшиктер. Мунун эшигине да жетип калды.Ошо тушка келген бир топ, шукшурулуп өйдөкү кабатка атырылды. Аны бир кудай сактагандай болду. Ичинен менин бөлмөмө кирбесе экен деп тобо келтирет. Бир маалда дагы бир чоң топтун үнү угулду. Кайрадан тарса-турс эткен үндөр жакындап келатты. Аңгыча болбой эле эшиги “тарс” тебилип ондой жулкунган немелер, көзүнөн чаары учуп кирип келди. Ал эмне кылаарын билбей дубалга жабыша түштү. Жүзүндө зили кайнаган биринчи киши аны моюндан алды. Аны ушунчалык каттуу кысты эле аба жетпей энтигип кетти. Дубалга жабышкан немени катуу жулка тартканда, бирөө артынан келиштире так эле ириңдеген жерге талыштыра тепти. Бут жоон куйрукка тийди… Көзүнөн от атып кетти. Уюлгуган ириң бырс эле жарылгандай болду. Дагы тепти… тепкен сайын ириңи атылып жатты…

Как эле каканактаган ириңге тепти… дагы бир ирет. “Көчүгүңөн ириңиңи да чыгара тебейинби!” деди бирөө. Ушу эле жетишпей жаткансып дагы бирөөсү жоон куйрук аралаш теп калды… Жерге жыгып алып, башын ылдый ныгырган неме айкырды. – Сен ким мененсиң? – деди ал. – Мен…мен… кичинекей кишимин… мен… – деп оозунан сөзү учту. – Эл мененмин!.. Эл мененмин де! – деди, башын ныгыра жерге такаган неме айкырды. – Эл мененмин! Эл менен!.. – Жан далбас кайталады ал. Жерге сулап калган неменин үстүнөн, тебелеп өтүшүп булар да өйдө жөнөдү. Бөлмөсү жылан жалагандай тып-тынч. Жанында тытылган портрет жатат. Ал бир кыйла жатты да… Өзүн жеңилдей түшкөндөй сезди. Колу менен жоон аркасын кармаса, алакан толо ириң чыкты. Кара кочкул ириң чыкты. Аны көптөн бери кыйнап келген ириң тим эле атып чыгыптыр. Эки-үч жолу жеген тепкиси да, так эле ушу тушка тийбедиби. Кыңкайып диванга көчүгүнүн жартысын басты. Колу толо ириң. Ал өйдө туруп терезенин алдына келсе, котологон эл баш кийимин өйдө ыргытып, төбөсү булоолоп турду: – Жашасын!.. Жашасын!.. – деп кыйкырып жатты. Эл быкпырдай кайнайт. Ал да ичинен;
– Жашасын!.. Жашасын!.. – деп, ооз учунан кайталады. – Үхх!… – деп, ириңи жарылып, өзүн кыйнаган азаптан кутулгандай сезди… Ушунчадан бери азапка салган ириңин жара теп чыгаргандай, ага бунун кереги бар беле?.. Дагы эле ичинен кайрыт…

ээ 88
Султан РАЕВ. Белгилүү жазуучу, драматург.
Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы
Мамлекеттик сыйлыгынын, Кыргызстан
Ленин комсомолу жана көптөгөн сыйлыгынын ээси,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер.

Mar 22

Тапалак..

«КЫРГЫЗ КӨЧҮ» МЕКЕНЧИЛДЕР ТОБУНУН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН
МЫНДАН ЭКИ ЖЫЛ ИЛГЕРИ БАШТАЛГАН ЭҢ КЫЗЫКТУУ ЖАНА
ЭСТЕ КАЛА ТУРГАН ЧАКАН ЖАНАН БАЙГЕЛҮҮ ИШ ЧАРАЛАРЫБЫЗДЫН
АЛГАЧКЫЛАРЫНАН БОЛУП ЭСЕПТЕЛИП ЖҮРГӨН
«ТАПКАН ТАПАЛАК» АТТУУ ОЙУНУБУЗДУН
ӨЗДҮК АЙЫЛЫБЫЗДАГЫ (САЙТ)
«К  Ө  Р  Г  Ө  З  М  Ө    Б  У  Р  Ч  У»

ээ 87

ээ 88

ээ 89

ээ 90

ээ 91

ээ 92

ээ 93

ээ 96

ээ 94

ээ 97

ээ 99

ээ 100

ээ 102

ээ 103

ээ 104

ээ 105

ээ 106

ээ 109

ээ 107

ээ 108

ээ 110

ээ 112

ээ 113

ээ 114

ээ 115

ээ 116 ээ 117

ээ 98

ээ 111

Mar 19

Жаңы «жомок»..

Фото 3РАЕВ Султан Акимович жазуучу, драматург. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кара – Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы 13-июлда туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажировкасын бүтүргөн. Республикалык «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил Жаш», «Жаштык жарчысы» гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орунбасары, 1991-жылдан «Кыргыз руху» коомдук саясий жана маданий гезитинде башкы редактор жана уюштуруучу болуп эмгектенген. 2006 – 2010 жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри. 1990-жылы «Күн кармаган бала» аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагы жарык көрүп, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамына татыган. Ушул эле китеп 1993-жылы кытай тилинде «Бала тууралуу баллада» деген ат менен Пекиндин «Улут адабияты» басмасынан жарык көргөн.

Э Ш Е К (Аңгеме)

Кыйчылдаган арабаны күн алыс тарткан эшекке мойнуна тагылган жүк эмес, кулагын ийнедей сайып турган ушу тажатты. Ал күн алыс мал сойгон жайдан жаңы эле союлуп, ысык кандын жыты келген уйдун, койдун, жылкынын, кээде топоздун этин касапка жеткирээр эле. Бу аңги эшекти да жаштайынан чурку кылып, бычып салган. Ургаачы эшектерди көз менен гана атып койбогону болбосо, бу макулуктун сезим дегенден таруунун башындай кыпын болсо не. Эртели-кеч союлган малдарды касапка ташыйт. Кээде мээ кайнаткан ысыкта, жамгырлуу нөшөрдө, кычыраган кышта, туманда, баткакта, шамалда жаны тыным албай, касапка эт ташыганы ташыган. Чырым эткенге убактысы жок. Куш уйку көздөн учат. Эшектин жашоосу да эшектикиндей. Эмгеги адал, өзү арам бу жаныбардын жазыгы ушу. Күндөрдүн бир күндөрүндө килейген үстү жабык жүк ташуучу машинеден быкпырдай кайнаган эшектерди түшүрүп жатканын көрүп калат. Мынча эшекти көрбөгөн жаны аларды карап айкырып ийгени да азыр эсинде турат. Ал ошондо көргөн…

Фото 8Өзү сындуу эшектер да башка туяктуулардай эле сулуу болорун. Алардын арасында эшектин не бир түстөгүсү бар экенин көрүп, айкыргандан ээги түшүп калган. Ургаачы эшектер да андан арбын. Эшекти келесоо адам эле келесоо дебесе, бу жаныбардын акылы алда канча тирик экенин эч ким билбейт. Билгиси да келбейт. Эшек. Мына ушул сөз менен гана бу жаныбардын аты да, заты да бүткөндөй… Эшек айдалып келген үйүрдүн ургаачыларына карап айкырганы менен, аларың аны көзгө илбей, бычылган денесин байкатпай эле туюк сезип турду. Бирөөсү ага карап койсо кана?.. Эки ирет айкырып алып, кожоюндан как чокуга камчы жеди. Аны алыстан байкап турган ургаачы жаш эшек шакаба чеккенсип, куйругун шыйпаңдатып “мына сага” дегендей катар-катар тезегин да таштап ийди… Бу жаш эшек көптүн арасынан айырмаланып, жүндөрү аппак, моюндары кудум эле маралдыкындай койкоюп, эки тикчийген кулагынын ортосунда капкара калдай болгон көкүлү бар эле. Эшек мээсинде сезим болгону менен, денесинен эбак кумар каны буулуп калганын азыр сезди. Анысын билмемишке салып, эркектик сезимин козутуп көрмөккө бир-эки курдай аракет кылды эле, көчүгүнөн желден башка эчтеке чыккан жок…

Эшектин сулуулугу көзүнөн башка денесине таркай албады. Ушу таттуу кыялга арбалып турган эшектин жонуна баягы ачуу камчы кайра тийди. Кыялы “чырс” үзүлүп… ал кайра эт базарга карай жол тартты… арабанын үстүндө жаңы союлган уйдун жыты… Эшек эт базардан кеч кайтты… Кечээки жаандан калган чыла сууну шимирип ичти да, кургап, сөңгөгү катып калган жүгөрүнү керте чайнап сугунуп алды. Курсагы өзөк жалгап, көздөрү мемиреп, турган жеринде көзү илеше кетти. Эшектин бактысы ушу да. Ага андан ашыкчасы ашыкча. Төбөдө ай… Жылдыздар… Түн… Абалап, касаптын тегерегинде жугунду аңдып жан баккан дөбөттөрдүн үндөрүн уккусу да жок. Эшектин көшүлүп кеткен уйкусун мал сойгон тараптан чыккан ачуу үн бузду. Бу үн уйдукуна да, койдукуна да, жылкыныкына да, топоздукуна да окшобойт. Бир башка кулагына угулду. Эшектин бүткөн бою дүркүрөп кетти… Бу эшектин үнү. Эшектин үнүн айрый албай өлүпбү? Үн ачуу чыкты… Ал үнгө экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, эми… кулагына дүйнө эшектери ачуу кыйкырып аткандай угулду… Үн артынан үн… Бу мал сойгон жерде майрам болуп жаткандай жугундукор дөбөттөр шүйшүңдөшүп, топ-тобу менен эт талашып ырылдашып жатты. Канчыгы да, эркеги да тумшугун жаңы эле союлган эттин таштандысына тыгып, көздөрүндө ачкөздүк ойнойт. Түн бою эшектин ачуу үнү ааламды бийлеп алды. Бу чурку аңги буга дейре эшекти сойгонду денесине жүн чыгып биринчи жолу көрүп отурушу…

Эпаадам, анын “туяктуунун баарын союшат, неге эшекти сойбойт?” деп айбандык арга алдырган жайы да бар эле. Мына эми кезек эшекке да жеткен экен… Айтмакчы, бир ирет ал карт эшектен да сураган: “малдын баарын союшат, бизди эмне?.. Этибиз арам, ишибиз адалбы? Карыганда да жөн өлбөйсүң, жардан ары кулатып ийишет… ” деп. Көптү көргөн карт эшек “биз жуттун, акырзамандын макулугубуз… Качан жут келип, акырзаман жакындай баштаганда гана бизди сое башташат…” деп какшанып алган. Ошо карт эшекти да таптакыр эле жүрбөй калганда жарга түртүп ийишкен. Сөөгү бир айдай сасып, карга-кузгунга жем болду… Эшектин үрөйүн учурган ачуу үндөр таңга жуук токтоду… Таң супа салып, эми эле каш-кабак агара баштаганда, баягы кыл мурут ээси келди. Андан күндөгүдөй эле арактын жыты буркурайт. Эшек адамдын жыты ушундайбы деп да боолгоп кетет. “Көнгөн адат калабы, эшекке жүгөн салабы” кайран эшек жонун бу ирбейген немеге тосуп берет, ал адатынча камчы менен жон аралаш берип калат. Бул анын саламдашканы. Эки дөңгөлөктүү арабаны моюнга илет да, илкий басып мал сойгон жайга келет. Бу көндүм иш ага. Бажактаган кызуу касапчылар арабага эттерди ташый баштады. Сулп-сулп эттер арабага үстөккө-босток ыргытылып жатты…

Арабанын жүгү оорлошкондо, эшектин мойну да өйдө көтөрүлүп, аны төрт туягын тыбыратып асманга илип койгондой болот. Арабага этти батышынча шыкай жүктөштү да, бир маалда эшектердин баштарын алып чыга баштады. Аны да арабага, алдыңкы жагына жүктөдү. Эшектердин башын, тиш ортосунан сулайып чыгып калган тилдерин көргөндө буттарын калтырак басты. Эшектин дене бою дүркүрөдү… Этти энесинин өчү бардай жүктөгөн балжаңдаган кызуу касапчылар чийдей арык кожоюнун буттан алып эшектин үстүнө чыкчырылта кыздын баласындай отургузду. Алдын бүт кан болгон алжапкыч менен жаап алган эңгезердей эткээл киши ушу тушта буту менен эшекти көчүккө тээп калды. Эшек сийип ийди. Эңгезердин тепкенине эмес, коркконунан. Арабадагы баштарды көргөндө таптакыр өзүн жоготту. Чийдей арык кожоюн камчы менен ушу тушта эшекти как мээге берип алды. Ал ордунан күч менен жылды. Бүгүнкү тарткан жүгү алда канча оор эле… Эшек илкий басып келатты. Кулагында баягы кыйч-кыйч деген үн. Ал мойнун кылчайтып артка бурулуп караганда көзүнө кечээ күнкү жаш, ургаачы эшектин тумшугу көрүндү. Көздөрү жумулуп, кооз көкүлүнө кан чачырап, көзү жумулуу…

Анын жанына катарлаш дагы бир эшектин башы, аерде бирөө гана эмес бир нече экенин кайдан билсин?.. Бүгүн түшүндө бу эшек ушу жаш ургаачыны көрбөдү беле?.. Экөө тасыраң таскак салып, бири-бирин жыттагылап, кыпкызыл чоктой болгон кызгалдактардын арасында жүргөн… Моюндаша жытташкан… жаш ургаачынын жыты да кудум тумшук учунда тургандай сезилди… Эшектин көзү кечээки түшкө арбалып, туяктары кайда алып баратканын да сезбей калды. Аны бу кыялдан алдыдан чыккан машиненин кулак жарган үнү, чийдей арык кишинин камчысы ойготту. Машине кечээкидей оор жүк ташыган, үстү жабык, өтө чоң эмес. Анда да эшектер… Эки дөңгөлөктүү арабаны акыркы күчү менен тартып бараткан эшектин жадына карт эшектин айтканы түштү. Ал анда «биз жуттун, акырзамандын макулугубуз. Качан жут келип, акырзаман жакындай баштаганда гана бизди сое башташат» деген…
Бирок бу макулук ошо карт эшек айткандын баары мынчалык жакындап калганын, ал кайдан билсин?.. Кыйчылдаган араба. Эшек… Эт базарга … аз эле калды…

Mar 18

Бет ачаар..

«ОНТООСУ КӨП – ОБЩИЙ ДОМ»

Тоолуу Нарын облустук драм театрында жаңы спектаклдин бет ачаары болду.

ээ 87Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Чынара КАЛЫБЕКОВАНЫН «Онтоосу көп – Общий дом» аттуу трагедиясы көпчүлүк элдин суранычы аркылуу 3 күн катары менен коюлду.

Чынара КАЛЫБЕКОВА: Мен артистерге, айрыкча койгон режиссер Шамбет Мендебаировго абдан ыраазымын. Спектаклди койгон режиссер Шамбет Мендебаиров, сүрөтчүсү Эрнис Бекжанов болду. Мыкты сүрөтчү экенин да байкадым. Көрсө, КРнын эмгек сиңирген ишмери, белгилүү театр сүрөтчүсү Юлдаш Нурматовдун окуучусу экен. Шамбет го буюрса кыргыз элине таанымал режиссерлордон болуп калды. Драмада башкы каарман Акыйкат – Саадат Көгөева жашоодон түңүлүп, заманды каарыгандарга ой салгандай болду. Саадат Көгөева тууралуу айтсак өзүнчө узун жомок. Учурда театрды кармап турган бирден бир мыкты артисттердин бири Саадат Көгөева.
7Ошондой эле башкы каарман Ботокөз. Ботокөз – Асел Мүдүнова. Аселдин атасы Жумак Мүдүнов менен энеси Эльмира эже да ушул театрда иштеп кетишкен. Бир кезде, 80 – жылдары Эльмира эженин комуз менен ырдаганына, сахнада түркүн кубулуп ойногонуна таң калган элдер учурда кызы Аселге таң беришип, эрип, эзилип көргөндөрүнө күбө болдум. Төрт тарабы келишкен бул керемет, таланттуу кыздан буюрса мыкты актриса чыгат деп ойлоп койдум.

Тургун – Данияр Турдумамбетов такыр эч кимге окшобогон амплуасы менен таңдантты. Көп кырдуу артист экени көрүнуп турат. Шамшарды ойногон Дамир Ботоканов бой-келбети, үнү, актердук чеберчилиги менен залда олтурган көрүүчүлөрдү таңдантпай койгон жок. Ошндой эле Эркек – А. Идрисов, комендант – И. Жуманазарова, С. Шамбетовалар.

Менин таң калганым, ар бир артист өз ролун тапкандай. Режиссердун да тандоосуна таң бердим. Мен кандай ойлоп, элестетип жазсам, так ошондой адамдар тандалып, туш келип калганы, бул да болсо чыгарманын бактысы. Кээде ойногон артисттер туура эмес тандалып калса чыгарма чыкпай калат. Ал турган иш. Бул жерде музыкасын да жакшы тапкан Аскар Чомураевге өзгөчө рахматымды айттым.

Болгону бир жарым саат бою, үч күн залда тон менен оюн көрүп олтуруп тоңуп калдым. Залдагы элдер да абдан үшүп олтурушту. Аларды театрдын суугу да, спектаклдин жандан өткөн, үрөйдү учурган көрүнуштөрү андан бетер тоңдурду. Ал эми артисттерчи? Булар кышы менен тончон иштешет, ролдорду аткарышат. Береги үч күндө Ботокөз жука көйнөк менен жылаңач чыкпадыбы. Не деген эмгек!

Спекиаклдин аягында, – Курусун! Курусун!
Бүтөөр бүткүчө жанымды уучтап олтурдум. Биз учурда мына ушундай жашоону баштан өткөрүп жатпайбызбы! Жанагы жазган кыз айткандай..
– Кулагы болуп укпаган, көзү болуп көрбөгөн!
Атаны кокуй, көр заман! – болуп олтурбайбызбы.
Туурабы?! – деген сөздөр айтылды.
Нарын театры илгертеден элдин көз алдында, мамлекеттин баалоосунда келе жаткан мыкты театрлардын бири. Буюрса Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Тамара Жумакаевалардын жолун жолдоочу мыкты артисттер өсүп келе жатышкан экен. Негизинен баары жакшы ойношту. Баарына ак жол тилейм. Мен да ушул сахнадан учкам да. Алгалай, бийиктей бер алтын сахнам! Куттуу Нарын театрым!.

******************************************************************************************************************

«Онтоосу көп – Общий дом» трагедиясы азыркы замандын турмушуна багыттап жазылган, «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аталышындагы турмуш чагылдырылган.
Анда багаар-көрөөрү жок, турмуштун азабына кабылган селсаяктардын баш баанек табышы менен бийликтин үстөмдүгү, кайдыгер инсандардын кылган мамилелери чагылдырылат. Ошондой эле, акчанын курманыдыгына кабылган жарандар адамдын жан дүйнөсү менен турмуштун ысыгы менен суугуна чыдап, арууланган жашоодо өлүм менен карч урушат.

Саадат КӨГӨЕВА.

Саадат КӨГӨЕВА.

Баш каармандардын биринин ролун аткарган Саадат Көгөева бул спектакль театрдын жаңы төрөлгөн ымыркайындай эле элес калтырганын баса белгиледи.
«Мындай каарманды биринчи жолу аткардым. Бул каарманды жаратканда абдан кыйналдым, себеби сөздөрү да катуу экен, тубаса сокур кемпирдин ролун аткаруу мен үчүн абдан оор болду. Театрда иштегенимен бери 40-50дөй башкы каармандын ролун аткардым. Мен театрда иштегениме 35 жылдын жүзү болуп калды, азыр 55 жаштамын. Биздин театрда бул спектакль жаңы төрөлгөн ымыркайдай эле элести калтырды», — деди сокур кемпирдин ролун аткарган Саадат Көгөева.

Асел МҮДҮНОВА.

Асел МҮДҮНОВА.

Дудук кыздын ролун аткарган Асел Мүдүнова, дудук кыздын каарманын аткарууда кыздын жан дүйнөсүнүн тазалыгын баалаган.
«Мен айта албайм, кандай деңгээлде аткарганымды эл баалайт. Мага дудук кыздын каарманын аткаруу жакты, себеби кыздын өзүнүн жан дүйнөсүнүн тазалыгы бааланды. Ал кандай жерде жашабасын кыздын тазалыгы сакталды. Театрда иштегениме 4 жыл болду, ушул жыл аралыгында 5-6 каармандын оюнун аткардым»,- деди Асел Мүдүнова.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысынын маалыматы.

Mar 14

Табылга..

ээ 75УУЛКАНДЫН УЙКАШТЫКТАРЫНАН
«ЫР КУРАМА» ТОКУЙБУЗ!..

Бекер отурганча бекер ыр жазалы Көчмөндөр!. Айтмырза агайыбызды калыс болуп берүүсүн сураналы. Төмөндө жазылган сөздөр, биринчи, экинчи, төртүнчү саптардын эң акыркы уйкаштыктарын аласыздар.
Ал эми үчүнчү сап эркин жазылат.
Кана эмесе баштаңыздар.
Жаңы чыккан жандуу ырларга өмүр берели!

«Ы Р   К У Р А М А»

******************************************************************

ээ 85

*****************************************************************************************************************

ээ 63Керимбек КАДЫРКУЛОВ, Маскөө шаарынан.
Арманымдан бир заматта арылып,
Издегеним сүйүндүрүп табылып.
Мына эми кармаар кезде жок болдуң,
Кеткен өңдүү дайра менен агылып.

Өмүр бойу сени издеп дегдегем,
Сенден мага салам келчү жел менен.
Дагы деле издеп жүрөм түңүлбөй,
Сүйүү менен алпурушуп келбеген…

Асыран 1Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан.
Ошол күндөр, сарсанаадан арылып,
Оңбогондой ой-максаттар табылып.
Оо мезгилим, тагдыр сенин колуңда,
Ошондуктан, тынбай барат агылып!.

Сүйгөм алгач, сүйүнгөмүн, дегдегем.
Сүрдөп жүрөк, кайкып учуп жел менен.
Билбептирмин, сүйүү, алтын балалык,
Бир жарк этип, артка кайтып келбеген!.

ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ, Өзгөн районунан, Ош обулусу.
Аял барда арамдыктан арылып,
Мээриминен аруулуктар табылып.
Таң калыштуу аял деген дүйнөдөн,
Жылуу сезим келе берет агылып.

Бул дүйнөнү бала кезден дегдегем,
Жылуу мээрим келчүү эле жел менен.
Аттиң дүйнө! Унуткансып өзүмдү,
Ал керемет кайра мага келбеген .

********************************************************************************
Оо, аялзат, кереметтүү асылдар,
Сулуулар деп айтууга да акым бар.
Аял деген өтө ыйык баарынан,
Мына ушундай кереметтүү затым бар.
********************************************************************************

Жамгыр жааса жамандыктан арылып,
Кыялданам жакшы ойлор табылып.
Жаай берсе шатыратып жамгырым,
Ырлар келет агын суудай агылып.

Оо, кудрет! Ушул күндү дегдегем,
Сулуулуктар келе берет жел менен.
Гүл кулпуруп бир татына ачылса,
Келет ойлор кыялга да келбеген.

********************************************************************************
Аздан-аздан өткөндөрдөн арылып,
Дегдегеним туш келди го табылып.
Жараткандын бул да болсо белеги,
Бакыт келди катарлаша агылып.

Нечен жылдап бул маанайды дегдегем,
Келди күтүүм маанай ачкан жел менен.
Бул бакытка мен аябай мас болдум,
Өмүрүмдө мындай бакыт келбеген.

ээ 74Нурланбек КАЛДЫБАЕВ, Ош шаарынан.
Качандыр бир кусалыктан арылып,
Калса экен бир дабаасы табылып.
Көөдөндөгү толкундаган бук -арман,
Көөдөй түнгө сиңип кетмек агылып.

Кыр үстүндө чуркасак деп дегдегем,
Кыялдарым жарышкандай жел менен.
Көмүлсөк деп бакыттын кучагына
Күндү эңседим, башка санаа келбеген…

0Мусакун САТЫБАЛДИЕВ, Каракол шаарынан.
Уулкандын жакшы демилгесин азыр эле көрдүм. Сегизинчи марттын жарымына жетип-жетпей төшөккө куладым эле, эми баш көтөрдүм. Жазгы оорубу, же суйкайган айымдардын сугу өтүп кеттиби, ким билсин, айтор катуу жыгылдым. Дегеле бу желөпкө кишиге айла жок тура, ар бирине жагалданып гүл сунуп атып… Тигине, Айтмырза аксакал, Калмамат, Бектурсун анан Асырандар алда канча эстүүлүк кылышып, айымдарды дүңүнөн куттуктап коюп “соо калышты”. Алардын баштарынан да мындай учурлар эчен өткөн да. Азил-чыны аралаш дегендей… Эми мен да элди туурап, өз калыбына дале келе албай кеңгиреген баш менен эки куплет курадым, окуп кой, Уулкан. “Сүйрүпризден” деле үмүт этпейм. Элден калбайын деген эле кеп.

Көртирликтин көйгөйүнөн арылып,
Чолпон жылдыз капысынан табылып.
Жазгы ташкын сымалданып үйөрлөп,
Жан-дүйнөм бүт ошол жакка агылып.

Өмүр бою бир жакшылык дегдегем,
Учур болгон мен жарышкан жел менен.
Асманда эмес жерде гана жүрүптүр,
Ошол жылдыз мага көпкө келбеген…

ээ 36Уулкан АМИРАЕВА, Маскөө шаарынан.
Сүйүү менден эбак кеткен арылып,
А мен издейм калаар сыңдуу табылып.
Көлдөй чалкып жүрсөм толкун сыяктуу,
Көлдөй болуп кетиптирсиң агылып.

Мунум анык! Сүйгөм дагы дегдегем,
Сапырылып учкам салкын жел менен.
Кучагымды жайып күтсөм сүйүүнү,
Кайгысы жок жалгыз өзү келбеген.

ээ 62Улан КОШАЛИЕВ, Бишкек шаарынан.
Көйгөйдөн арылып,
Көп акча табылып,
Көп кыздар мени аңдып,
Келишсе агылып.

Деп ойлоп, дегдегем…
Дуу учкан жел менен,
Дайны жок бул кыял,
Дегеле келбеген…

ээ 24Анара БАЙЧУКУЕВА, Бишкек шаарынан.
Санаалардын желесинен арылып,
Оо үмүтүм, келээр белен табылып.
Күтүп жүрөм мезгилдерге карабай,
Келишиңди булак сымал агылып.

Оо үмүтүм, табам го деп, дегдегем,
Шыбырагам шамалдарга, желге мен.
Жеткирбеди, жел-шамал да кызганып,
Үмүтүмдү, эңсеп жүргөн, келбеген!.

ээ 75Сайрагүл ЖОЛБОРСОВА, Маскөө шаарынан.
Түйшүктөрдөн кетким келди арылып,
Түмөн ойлор, көңүлүмдө табылып.
Бара жатам, жүрөгүмдү кочуштап,
Элдер баскан, жолдор менен агылып.

Бир өмүргө дидарыңды дегдегем,
Билсең эгер, бара жатам жел менен.
Сүйүүлөрдүн көзү сокур ,окшойт ээ?
Мындай сезим, мурда неге келбеген?
**************************************************************************************
Эшек жебе, арамдыктан арылып.
Деп турганда, арабыздан табылып.
Кайдан билдик эшек эти экенин..
Сатышыптыр, «Эшек каны» агылып.

Кыргызстанда эшек эти жок -деп дегдегем.
Буруксуган каны келди, жел менен.
Билдим эми, Эшек эти экенин.
Үч уктасам, түшкө дагы кирбеген!
**************************************************************************************
Ыпластыктан жүрөлүчү арылып,
Ыйманыңар кеч болсо да табылып.
Өлкөбүздө жашоо кыйын болгондо,
Туш тарапка чачырадык, агылып.

Жакшы жашоо болот дегем, дегдегем.
Кыйын күндөр кайдан келди жел менен?
Аял сыртта, эркек казан кармашып,
Мындай күндөр түк ойума келбеген.
**************************************************************************************
«Эне» деген ыйык сөздөн арылып,
Бөбөгүңдү сатканга жан, табылып.
Наристеңди таштап качтың неге сен?
Эне сүтүң зыркырады, агылып.

Кыргыз кызы, ыймандуу – деп дегдегем,
Айткандарым кайда учту, жел менен.
Өз канынан жаралган өз балдарын,
Таштап качат, деген ойлор келбеген.

ээ 62Гүлжакан МАВЛАНОВА, Бишкек шаарынан.
Арам тамак, арсыздардан арылып,
Арабыздан хан Манасы табылып.
Алыстаган ырыс алды ынтымак,
Аруу элге келсе экен деп агылып.

Кыялымда көктөн тилеп дегдегем,
Кыянаттар жоголсо деп жел менен.
Кыргыз элим кең пейилдүү баатыр эл,
Кычыктанган «кылына» тең келбеген…

Кыргыз аман, кылым аман, жер аман,
Кыргызымдан кыйыр эли тараган.
Кыйааматта кырк жыл кыргын болсо да,
Кыргыз элин кызыр колдоп сактаган.

ээ 61Гүлчехра УУЧИЕВА, Маскөө шаарынан. Мигрант ыры.
Муктаждыктан калайын деп арылып,
Алыс жактан калган жумуш табылып.
Бет алганмын кең Маскөөгө мен дагы,
Көп мигранттын катарында агылып.

Орус шаарын көрүүгө көп дегдегем,
Кыялдарым алып учуп жел менен.
Сыналгыдан көргөн кызыл аянтта,
Басып жүрүү оюма да келбеген.

ээ 75Сайра БАТЫРКУЛОВА, Бишкек шаарынан.
Буулуктурган сезимдерден арылып,
Бир үзүм күч кайратыма табылып.
Буурул таңда Бакыт издеп жөнөдүм,
Боз туманга аралашып, агылып .

Бул учурду далай жолу дегдегем,
Бут дүйнөнү кыдырам деп жел менен,
Бүтүм кылдым , милдеттүүмүн, акым бар,
Өзүм барам, БАКЫТыма келбеген!.

ээ 66Шайырбек ДОСБОЛОВ, Баткен обулусунан.
Акылдан арылып,
Айбандык табылып.
Ат кылды, эшекти,
Арам кан, агылып.

Жейм деп дегдегем,
Жыт келсе жел менен.
А эми самсага,
Табитим келбеген.
* * *
Көңүлдөн арылып,
Көр жандар табылып.
Көчмөн эл көчүштү,
Көч болуп агылып.

Өрт болуп дегдегем,
Өчтү ал жел менен.
Өкүнөм; айылдан,
Өзгөргүм келбеген.
* * *
Жүдөөдөн арылып,
Жүрөгүм табылып.
Жөнөймүн сен жакка,
Жылтылдап агылып.

Өпсөм деп дегдегем,
Өптүм көп жел менен.
А бирок тартынып,
Айткым эч келбеген.

ээ 75Назима АЛМАЗБЕКОВА. Ош шаарынан.
Азап тарткан оор түйшүктөн арылып,
Алат элем, калса шерик табылып.
Арыш таштап келечекке максатсыз,
Акыр-чикир… Кошо барам агылып.

Августтарда бой жетем деп дегдегем,
Аңкып жытым тараар эле жел менен.
Арман жашоо, ыргытты го бир тиштеп,
Алкаш киши, адал жолго келбеген!.

Айтмырза (2)Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Бишкек шаарынан.
Ырлардын эмнесине көңүл бурулат?
1. Көркөм сөздөр кынапталып, орду-ордуна коюлушу.
2. Ырдагы жаңы табылгалар…
3. Ырдын мазмуну жана бир бүтүндүгү.
4. Муун өлчөмдөрүнүн ар сапта туура сакталышы. («Размер стих» дешет орустар)
5. Уулкан берген уйкаштыктардын сөзсүз берилген катары менен сакталышы..
6. Кыргыз ӨҢҮ менен катасыз жазылышы. ж. б.
Бардык акын атпайга ийгилик!

Анча-мынча көп түйшүктөн арылып,
Анткен менен да жаңысы табылып,
Турган кезде кычашат эй ырлар да,
Тоо суусундай күү-шаа болуп агылып…

Бул сынакка катышсам деп дегдегем,
Бүт каалоом учту, кетти жел менен.
Кантет элем баалайт экем ырларды,
Калыс болуу такыр ойго келбеген!.

ээ 75Алтын ТУРГУНБАЕВ.
Кайгы муңдан калган кезде арылып,
Кайдан чыктың, азап болуп табылып.
Жообун берчи кылыктанып, назданбай,
Сен жөнүндө ырлар кетти агылып.

Сени күтүп сени гана дегдегем,
Ырлар жазып, кат жөнөтсөм жел менен.
Кандай кызсың кылыктанган обу жок,
Кайра-кайра чакырганга келбеген.

ээ 75Эрлан ТАГАЕВ.
Байоо сезим балалыктан арылып,
Алгач сүйүүм капилеттен табылып.
Көз ирмебей нечен таңдар атты го,
Жетпей сага көздөн жаштар агылып.

Түбөлүккө сени гана дегдегем,
Аккуу сымал кайкып мелүүн жел менен.
Билсем кана мендик эмес экениң.
Кайып болуп кетээр белем келбеген.

ээ 75Гулжигит АБДИБАИТОВ. Бишкек шаарынан.
Тындым кургур, бойдоктуктан арылып,
Кыялдагы издегеним табылып.
Ар бейшемби баш багамын бейишке,
Маңдай терим жаак ылдый агылып.

Бул күндөргө жетсем дегем, дегдегем,
Кыялдарым кубалашып жел менен.
Бирок аттиң, бейиш менен жанаша,
Тозок оту бары эске келбеген!…

ээ 31Азирет КЕЛДИБАЕВ. Санкт-Петербург шаарынан.
Жүрөк кургур санаалардан арылып,
Балкып турам бакыт кушум табылып.
жан-дүйнөмдү кыштан жайга оодурду,
Канатынан күндүн нуру агылып.

Мен Перимди түштө көрүп дегдегем,
Кээлер эле түркүн түстүү жел менен.
Түшүм өңгө айланарын чын айтсам,
Он толгонсом ойума да келбеген..

ээ 24Кайырбүбү ЧОЛПОНКУЛОВА. Бишкек шаарынан.
Санаадан жүрөк арылып,
Дартыма даба табылып.
Кемесин айдап сүйүүнүн,
Кетсекпи бирге агылып.

Келет деп сени дегдегем,
Саамайың сылап жел менен.
Күттүрүп кайда жүрөсүң,
Эңсетип коюп келбеген.

ээ 64Айсалкын СООРОНБАЕВА. Маскөө шаарынан.
Кыргыз элим кризистен арылып,
Интерполдо изделгендер табылып,
Өкүм сүрүп бейкут жашоо өлкөдө,
Турсун дайым кут-ырыскы агылып.

Тилек кылып жакшы күндү дегдегем.
Дегдеттирген ойлор учат жел менен.
Эр жигиттер намыстан чеп курушсун,
Чепти бузуп, душман жортуп келбеген.

ээ 95Айжан МАМАСАДВКОВА. Маскөө шаарынан.
Сабыркаткан санаалардан арылып,
Сары оорума калды дары табылып.
Садагам ай, себеп болдуң ага сен,
Сүйүүм сага дайра болуп агылып.

Сени сүйүп, сени күтүп дегдегем,
Саамайыңдан сылап өтөм жел менен.
Мынча неге ойлой берем сени эле,
Мындай сүйүү башта мага келбеген.
****************************************************************************************

Гүлгаакы. Бишкек шаарынан.

Кусалык, кайгылардан арылып,
Эңсегеним, тилегеним табылып.
Жаратканым белек кылды УУЛУМДУ,
Кубанчыбыз кош дайрадай агылып!

Ушул күндү көптөн күтүп, дегдегем,
Кубанчыбыз, учуп кетти жел менен.
Мөгдөп калдым, эки эмчегим зыркырап,
Боздосом да, жалынсам да аттиң арман…
Эми УУЛУМ – кайра кайтып келбеген!…

айырКулпунай АБДУЛЛАЕВА. Маскөө шаарынан.
Бала кезде, баардык иштен арылып,
Чүкө ойноого жаңы достор табылып.
Кырып алышты, уткурдум болгон чүкөмдү,
Көз жашым төктүм, мурдумдун суусу агылып.

Фишкадан топтоп, күнүмдү эңсеп дегдегем,
Ойлогон ойлор, учуп бир кетти жел менен.
Аттиң ай соонун, балалык кез, мунарык,
Көз жашың көлдөп, жалынсаң да келбеген.

Mar 11

Азаптан кийин алты жыл..

булут 5**********************************************************************

ӨРТТӨЛГӨН  КАЙРАН  ӨМҮРЛӨР

«Азаттыкты каалабаган адам жок, адилет адам азаттыкты жалпыга каалайт, адилетсиздер өздөрүнө гана каалашат!.»                                                 (К. Берне)

Айабай кыйналдым. Ачыка чыгаралбай. Айталбай дегеним. Анткенимдин себеби да ар түрдүү, жүйөөсү өтө көп. Аны эми айтканда не, айтпаганда не. Үч уктаса түшкө кирбес мындай «шумдуктуу окуйа болуп кетет» деп ким ойлоптур. Туптуура бир жыл болду. Эң коркунучтуусу, төбө чачты тик тургузган андай окуйалар, адилетсиздик, абийирсиздик күндөн-күнгө күчөп, Кыргыз өлкөсүндө кадыресе көрүнүшкө айланып, адамыңдын укугу Бакиевдердин бийлиги үчүн жыртылган чокойчо да бааланбай, жетээр чегинен ашып түшүп, кыргыздын жонунан кызылдай эле кайыш тилип киришти. Ары кетип, бери кетип, акырында «кеч болсо да Бакиевдердин бакыйган дагы бир оор кылмышы бойунча ачуу чындыкты эл билсин» дедим. Изи сууп бараткандай. Абийирим чыдабады. Таңдын атышы менен күндүн батышы мен үчүн азапка айланып, тынч уйку жоголгон.

Медет Чакановичке 12-мартта (2009 – жыл) дагы жолуктум. Акыркысы болуптур. Ат-тиң…
Эртең мененки саат 10дордо киргем, дээрлик бир саатка чукул сүйлөштүк. Ачыгы, агүйүн алчап, оппозицийасын кошо калчап, жетинчи кабаттын кадимки «серый кординалына» айланып, МЧС атка конгон атактуу саясатчы Медет Садыркулов менен оголе көп жолугуп, оо, далай сүйлөштүм. Агүйгө келгиче, агүйүндө отурганда, агүйдөн кеткенде. Бийлигин да эмес, байлыгын да эмес, болгону ал кишини Адам катары терең сыйлап, өзүмчө сыймыктанчумун. Ага-ини болуп калганбыз. Арманым, чексиз мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, «ким бар, ким жок» деп чыгынып, бир ирет чогуу сүрөткө түшүп койгонго жарабаптырмын, эстелик үчүн..

Үч адамды Алматыга алып барып келе жатым Бишкекке жетип-жетпей күм-жам болгон апакай «Лексус».

Үч адамды Алматыга алып барып келе жатып Бишкекке жетип-жетпей күм-жам болуп өрттөлгөн апакай «Лексус».

«Кыйналдым», «акыркы» деп армандуу үшкүргөнүмдүн себеби бул. Үмүткө май тамызган ошол акыркы жолугушуубуздун соңунда, «Асыран, мени шаштырбай турчу, (кеп ошол мезгилде «ана-мына чыгарабыз» деп жаткан жаңы гезит жөнүндө кетип жатат, алгачкы саны 27-мартка болжолдонуп калган. А. А.) мына, бүгүн буюрса бир катар маанилүү маселелердин башын ачып келгени Алматыга кетип жатам дебедимби, эмдиги экинчи күнү (кызык, ал күнү 17-март экен, Аксы окуйасына 7 жыл, кан төгүлгөн күн. А. А.) дал ушул маалда кел, ошол күнү бардык маселени жыйынтыктап, ишти баштайбыз» деди. Анан шашпай ордунан туруп, сырдуу жылмайып басып келип, тамашалап ичке муштагылап, «жакында чо-оң иштер болот, аз калды “братишка”, сен эми бардык маселени түшүнөсүң да, чыдап тур» деп кучактай, далыман таптап, эшиктин каалгасын өз колу менен ачып туруп, акырын узатып койгон.

Жандүйнөсүнө ишеничтин, үмүттүн оту жанып, жакшы ниетке беттеп алган адамдын абалын эми түзүк эле түшүнөт чыгаарсыздар? Залкар жазуучунун (МЧСтин офиси Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй музейинде болчу. А. А.) музейинен чексиз үмүттөргө «мас» болуп, толкунданып чыгып кетип бара жаткан мен «байкушта» анда кайдагы жаман ой!?.

Мыкаачылык менен атайын уйуштурулуп, үч адамдын өмүрү менен кошо  өрттөлгөн каргашалуу «Лексустун» калдыктары. 13-март, 2009-жыл.

Мыкаачылык менен өлтүрүлүп, андан соң атайын өрттөлгөндөн калган үч адамдын сөөгү жана унаа калдыктары. 13-март, 2009-жыл.

Медет байкемдин Алматыга эмес эле акыркы сапарга, келбес жайга кетип бара жатканын, азыркы айтылган жакшы иштериң менен жаркын үмүттөрүңдүн быт-чыты чыгаарына саналуу гана сааттар калганын, үмүтүң тургай «каардуу үй-бүлөнүн» кандуу чеңгээлинен «бүтүндөй элди куткарам» деп өзгөчө жан үрөп жаткан ошол ишенген «тираның» күм-жам болуп, өрттөлүп, аны менен бирге эч жазыгы жок эки бирдей шордуу (изилдөөчү Сергей Слепченко менен айдоочусу Кубат Сулайманов. А. А.) кошо өрттөлүп, «үзүктөй» болгон үч адамдын денеси бир эле түндө, бир эле саатта, бир эле ууч күлгө айланып, сапырылып жок болоорун, өпкө-жүрөгүмдү бир гана өксүк аралап, тумандап калаарын кайдан билиптирмин, кашайгырдыкы…

Сергей СЛЕПЧЕНКО.

Сергей СЛЕПЧЕНКО.

«Убал-сооп» дегенди уруп ойношпой, оркойгон кылмыштарын бурмалашып, «кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» койушуп, анан уйалбай-этпей эле «бул деген жөнөкөй эле жол кырсык, башкача болушу мүмкүн эмес» дешип, маашырлана алакан ушалашып, култуңдап, сүйүнүп тим болушту го, наадандар… Ал эми «оозуң кана?» десе мурдун көргөзүп, «үйлө» десе какырып, «сүйлө» десе бакырган «сот билектери» жапырт, «ооба, ошондой, болбогон эле кырсык» дешип, кожоюндардын «заказын» алты жүз пайызга аткарышып, кылмыштарын ачылгыс кылып (азырынча) жаап тынышты. Дагы да, далай-далай өздөрүнүн кылмыштарын жашырып-жаап, калыс сүйлөгөндөрдү «каап», «сен» деп эле койгондорду селейте чаап, канчалаган күнөөсүз шордууларды күнөөлүү кылып, саан уйдай «саап», сатып, атып, өрттөп, соттоп, ойлоруна келгенди оттоп, күпүлдөшүп, бүгүн бир гана Бакиевдер болуп көрбөгөндөй «өнүгүп, өсүп» киришти го, чиркин. Кыскасы, кылмыштуу бийлигин мыкчып, колдон чыгарбаш үчүн бул «криминалдашкан үй-бүлө» бүтүндөй кыргызды курмандык чалып, кул кылууга даяр экенин беш жылга жетпей эле бекемдеп, көзгө сая көргөзүп койушту.

ээ 14Айтайын дегеним, «эй, силер деле адамсыңар го, эгер адам болсоңор, анда адамкерчилик, абийир, ыйман деген ыйык нерсеңер кайда? Барбы деги? Мындай зөөкүрчүлүгүңүргө ким чыдайт да, ким ишенет?». Ким? Ишенбейт эч ким! Эч качан! Эстеп койгула?!.. Айтсаңар, кайдагы «жол кырсык?». Болуптур. Анда ошол жолдо калган жосунсуз «автокылмышты» уйуштура коюп, «сокур ит бок жалагыча» кайра изин жууп-тазалай салган ким? Жооп жок. МЧСтин артынан сайа түшүп, аңдытып, аны тез арада жок кылууну көксөп, уйкусу бузулган ким? Жооп жок. Ушул күнгө чейин. Табышмак…

Мына, ушуга окшогон уусунан чуусу көп, унутта калып бараткан ары шектүү, ары табышмактуу, жообу жок татаал суроолорго жоопту башка жактан издеп убара болбой эле Медет Чакановичтин (бейиши болгур) өзүнүн арманга айланып кеткен акыркы майегинде берген жоопторунан эле издеп, иликтеп көрбөйлүбү?

Мен бул маекти 10-мартта (2009-жыл) дайардап келип, өзүнө көргөзүп, «басмага бере бербейлиби» десем, өзү бир сыйра окуп көрүп, «жакшы, бирок азыр эртерээк, катып койо тур, мен өзүм айтам, ошондо дагы бир топ маанилүү маалыматтарды кошуп, толуктап туруп өзүбүздүн гезитибизге эле жарыйалайлы» деп койгон, жарыктык киши. Макул болуп, унчукпай калгам. Анан ошол бойдон минтип кеч болсо да акыры мен унчугуп атам. Алыстан. Амандык жеңет дейби? Мен аманмын да. А Медет байкем болсо эми унчукпайт, эч качан!…

Мынакей окурманым, (майек ошол бойдон сакталган, болгону рубрикасы алмашты, андагы рубрикасы «дүбүрт» эле, башка бир дагы тамгасын өзгөрткөн жокмун. А.А.) кечигип калыптыр дебеңиздер, орус туугандарыбыз «лучше поздно чем никогда» деп койушат эмеспи, шашпай окуп көрүп, ойуңузду бөлүшүңүз. Тараза ташыңызды талдап, кай тарапка бурасыз, эрк өзүңүздө, алды акыйкат болуңуз…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. 12-март, 2010-жыл.

*****************************************************************************************************************

Медет САДЫРКУЛОВ.

Медет САДЫРКУЛОВ.

Арманга айланган акыркы маек.

Медет САДЫРКУЛОВ: КР Президентинин администрациясынын мурунку жетекчиси:

«БИРИКПЕСЕК – БУЛАР БИЗДИ БИРИНДЕТИП ЖОК КЫЛАТ»

– Медет Чаканович, сизге былтыр жаңы жыл алдында тартуу кылынган «табышмактуу белектин» ээси ким экени белгилуу беле? Жалпы коомчулук ал «белекти» сиздин каршылаштарыңыздын «аман-сооңдо кет» деген алдынала ачык коркуткан «эскертүүсү» деп кабылдаган эле. Эмнеге ошондо кетпей туптуура бир жылдан кийин кетүүнү эп көрдүңүз?
– Сасык саясат, ички-тышкы интрига, ордо оюндар мына ушундай ырайымсыз, катаал, эрежеси жок, омбу-домбу, опурталдуу болот. «Оюнга» аралашкандан кийин чүкөңдү ойлонбой эле оңду-сол калчай бергениң эч убакта жыргатаар жыйынтык бербейт. Ойлонуп, таразалап, таамай, так чечим кабыл алуу гана саясатта жемиштүү жыйынтык бериши мүмкүн. Бирок, баары бир ойт берип кеткен учурлар көп, адашасың, жанылбай койбойсуң, кемчилик кетет. Ал эми «белек» тууралуу айтсам, ал мага эскертилген ачык коркутуу экенин, түйүлгөн «муштум» кимдики экенин абдан жакшы билем. Мен өзүм публикага ойногонду эмес, тер төгүп, иштин майын чыгара иштеп көнгөн адаммын. Жасай турган көп иштер бар эле, ошол тууралуу ойлонуп калдым. Анда кетсем деле жарашмак, бирок өзүм «эртерээк» деп эсептедим. Азыркы «отставкам» деле өз убагында эле болду окшойт.

– Бакиевдин бийлигин сактап калууга, анын бекемделишине тоодой кызмат кылып бердиңиз эле, эми алар сиздин эмгегиңизди бат эле унутуп калыштыбы?
– Андай деле эмес. ТИМ баш болгон бир катар жогорку кызматтарды сунуш кылышты, бирок мен баардыгынан сылык баш тарттым. Себептерин эми сен өзүң деле жакшы билсең керек, мен булар менен бир короодо иштеше албай калдым, мүмкүн эмес. Бар күчүмдү жумшап, жасаган кызматымдын багыты түптүз барып эле Бакиевдердин «айбалтасына» айланып калып жатканынан тажап, анан ал жерден эч нерсе жасай албасымды, колуман келбесин түшүндүм да өз ыктыярым менен кызматтан кеттим. Менимче мезгил менден бүгүн дал ушуну талап кылды, мен аны аткардым.

– Агүйдүн администрациясын дээрлик эки жарым жыл башкарыптырсыз. Алардын былык-чылыгын, ичи-тышын ийне-жибине чейин билээриңиз жалпыга маалым. Анан эле «шарт» бурулуп, эшиктерин «тарс» жаап, «урдум силерди» деген тейде жетинчи кабаттан түшүп, баса берип жүрөктөрүн бир «болкулдаттыңыз». Ал аз келгенсип сунуш кылган кызматтарынын баарынан баш тартып дагы бир жолу «солкулдаттыңыз» окшойт. Дегеним, сиздин мындай күтүүсүз кадамдарыңыз түздөн-түз өзүңүздүн жеке өмүрүңүзгө эле опурталдуу эмеспи?
– Албетте опурталдуу. Артымдан калбай «кайтарып», алыстан аңдып жүрүшкөн түрү суук «охотниктер» менен бетме-бет кезигип, жолукпаганым менен баардыгын байкап, ичимден туюп, сезип эле турам. Бир күнү болбосо бир күнү «кол салсакпы» деп даярданып жүрүшөбү, же балким жөн гана «сес көрсөтүп коелу» деген ыкмаларыбы? Билбейм…

Медет Садыркулов жубайы Айнагүл Садыркулова менен.

Медет САДЫРКУЛОВ жубайы Айнагүл САДЫРКУЛОВА менен.

– Кайтарууга алып, аңдыгандар «кимдин кишилери» деп ойлойсуз, алардан коркпойсузбу, артыңыздан түшүп атса?
– Эмнеге коркмок элем. Башты катып, ийинге кире качыш эркектин иши эмес. Мындай учурда (күлүп) «корксо да коен өлөт, коркпосо да коен өлөт» деп койчу беле, туурабы? Айтпадымбы, жасаган иштерим бурмаланып, бир гана үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп калды. Азыр оюмда ошол кетирген одоно кемчилигимди оңдош, «баш ооруга» айланып бара жаткан Бакиевдерди тез арада бийликтен кетириш, анан бардыгы эл үчүн кызмат кыла тургандай адилеттүү, таза бийликти алып келсек деген аруу тилегим, асыл максатым бар. Бүгүн да эч нерсе эмес, эртең мындан да кыйын болот. Мен мына ошондон корко баштадым. Булардын азыркы жазап жаткан ар бир кадамы, элге каршы жүргүзгөн саясаты мен үчүн эле эмес, бүтүндөй коом учун өтө кооптуу болуп калды. Мындай жол менен кете берише турган болсо, анда аягы жакшылык менен бүтпөйт. Ал эми мени кайтарууга алып, аңдып жүргөн адамдар эмне, Афганистандан же Ирактан келди дейсиңби? Элдешкис бир эле душманым бар, ошонун адамдары болсо керек. Кокустан менин өмүрүмө кол салуу болуп, же кандайдыр бир коркунучтуу жагдай түзүлө турган болсо, аны мен бир гана Жаныш «досумдун» (Бакиев) жасаганы деп эле түшүнөм. Андан башка азыр менин артымдан сая түшүп, «сагынычтуу салам» же болбосо «коркунучтуу белек» жолдой турган «досторум» деле жок.

– Эми анын бетин ары кылсын, «тфу-тфу» деңиз. Сиз азыр «болгон саясый күчтөрдүн бардыгын топтоп, башын бириктирип, бирдиктүү күчкө айландырам» дедиңиз. Ар кимиси ар башканы сүйлөп, амбициялары ашып-ташкан оппозиция лидерлери сунушунузга макул болуп, көнөөрүнө көзүңүз жетеби? Себеби, сизди Бакиевдин «булчуңун чындаган» деп ачык сындап, жактырышпайт эмеспи.
– Чыңдаганым чын, танбайм, ачык сындарын кабыл алам. А бирок ал мезгил өттү да, кетти. Аны миң укуп-чукугандан эч кимибиз пайда таппайбыз. Учур бизден азыр таптакыр башканы талап кылып жатат. Биздин азыр биригип, бири-бирибизди угуп, бирдиктүү иш алып баргандан башка жолубуз да жок, жана антпеске аргабыз да жок. Алдынала Өмүкеге, Бокеге, Алмазга (Атамбаев) жолуктум, жана башкалары менен да сүйлөштүм. Аркы-берки болгонубуз менен алгачкы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жаман эмес. Бул жагын алганда маселе оң жагына ооп калды. Эң башкы чечүүчү маселе каражатка барып такалат эмеспи. Орчундуу бул иштин да түйүнү чечилип бутуп калды десем болот. Кайдан табыш, кантип? Канча? Бардык жоопкерчилик, баш оору меники.

– А бирок баарынын башын бириктирип, каражат чачып киргенде эле Бакиевдер «мынакей бийлигиңер, алагойгула» деп, четке чыга бериши кыйын го? Эл болсо эч кимге ишенбейт, «митиңг, пикет» деген сөздөрдөн көңүлдөрү үч көчкөн журттай калып бүткөн.
– Аның да чын. Бирок биз андай ашыкча башаламандыка, чаржайыттыка барбайбыз, жол да бербейбиз. Элди кыйнап, ортого да салбайбыз. Биздин стратегиялык багытыбыз, тактикалык жүрүшүбүз, анан эң маанилүү маалыматтарыбыз болот. Түптүз «бутага» мээленип, биринин артынан бири жарыла турган «смертельный бомбалар» жетишээрлик. Атактуу фраза эсиндеби? «Маанилүү маалымат кимдин колунда болсо, дүйнөнү ошол башкарат» дейт эмеспи. Маалымат деген өтө күчтүү курал. Мына, ушундай Асыран. Эгер биз бүгүн эртелеп биригип озунбасак, эртең булар баарыбыздын көзүбүздү оюп, оюна эмне келсе ошону жазап, энебизди Үч-Коргондон көргөзүшөт..

Маектешкен Асыран АЙДАРАЛИЕВ. 10-март, 2009-жыл.

Геннадий ПАВЛЮК.

Геннадий ПАВЛЮК.

Р.S. Бул маектен сырткары март айынын биринчи жарымында мындан да маанилүү, көлөмдүү, орус тилдүү окурмандар үчүн, «Казахстандын маалымат айдыңына арналган маек даярдайлы» деп атайын МЧСтин макулдугун алгам. Ал маекти белгилүү журналист, маркум Геннадий Павлюк (Ибрагим Рустанбек) даярдамак. Тилекке каршы ал маекти дагы «бир аз кое тургула, азыр эртерээк» деп кийинкиге жылдырып койгон. Эгерде ушул даярдалган, анан макул болуп, бирок «кийинкиге» жылып калган маанилүү маектер өз маалында, эртерээк элге чыгып кеткенде, балким кандай болот эле? дейм. Бири жыл башында, экинчиси жыл аягында киши колдуу болушуп, өлүмдөрү табышмакка айланып, шейит кетишкен белгилүү эки саясатчынын кейиштүү тагдырлары таптакыр башка нук менен кетип, балким аман-соо калышат беле? деп дагы коем иттики, арсыз ой деген ошо да…

Бул макала менен маек 2010-жылдын март айынын башында орустардын proza.ru http://www.proza.ru/2010/03/30/718 аттуу сайтына жарыяланган..

******************************************************************************************************************

Ал эми жогорудагы макала менен маек 2010-жылдын 2-апрелинде Бакиевчилер оппозициячыл «Форум» гезитин күч менен жаап салышканына карабай анын ордуна дароо чыгып кеткен «Эл сөзү» гезитине, (башкы редактору Рыскелди МОМБЕКОВ) «Проза ру» сайтынан алынып басылган. Туптуура беш күндөн кийин, 7-апрель күнү каргашалуу Бакиев бийлиги тагынан кулап, кылмыштуу  колдорун ого бетер канга чылап, кандай да болсо бийликти колдорунан чыгарбай мыкчып, сактап калуу тилек-максаттары таш каап, аргасыздан өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болушту. Кандай болгон күндө дагы эртеби-кечпи кылмышкер Бакиевдер кыргыз элинин алдында, мыйзам алдында керт баштары менен сөзсүз жооп бериши керек..  Финляндия, Келсинки. 13-март, 2015-жыл.

ээ 58

ээ 56

ээ 55