Jun 14

«Кызыл бурч»

Дүйнөнүн чар тарабына чачырап кеткен кыргыздар чачтан көп. Окуганы, иштегени, ар кандай себептер менен айласыз жер которгондору, мыйзамдуу-мыйзамсыз жолдор менен четке чыгып кеткендери, жөн эле турист катары барып жашап калгандары да бар. Кыскасы бүгүнкү күндө Ааламдын алты Материгинде тең кыргыздар жашайт. Алардын арасында көптөгөн кыздарыбыз чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, чет элдиктердин келини болуп жашап калгандары азыр кадыресе көрүнүш. Мен ушул «Кыргыз Көчү» айылымдагы «Кызыл бурч» рубрикасына дал ошондой кыздарыбыздын түрдүү тагдырлары, кызыктуу турмуштары тууралуу маектеримди жарыйалап келем. Эсиңиздерде болсо керек, буга чейин Маскөө шаарында жашаган Уулкан Амираева, Прага шаарында жашаган Карамат Токтобаева, Кабул шаарында жашаган Венера Мовлян жана алыскы Австралия өлкөсүндөгү ТомПрайс шаарында жашаган Венера Расстардын кеңири маектери тартууланган. Тагыраак айтканда андагы маектердин башкы каармандары кыздарыбыз болгон эле, жана алар өздөрүнүн жашоо турмуштары, кызыктуу тагдырлары тууралуу кенен айтып беришкен. Ал эми бул жолку маегибизде «Кызыл бурчтун» башкы каарманы кыргыздын күйөө баласы, болгону эки жыл Кыргыз жергесинде жашап, кыргыз тилин суудай сүйлөп үйрөнүүгө жетишкен, ал эмес түшүн жоруган, азыркы тапта АКШ нын Колорадо штатындагы Денвер шаарында жашаган америкен жигит Девид Галлагер болмокчу.

Жубайлар Девид жана Гүлжан уулдары Линкольн Исраил, Билим Жан менен.
Денвер шаары, 2013-жыл.

Девид ГАЛЛАГЕР:
«МЕН ИЙРИ
-МУЙРУ ЖОЛДОР АРКЫЛУУ ИЗДЕП ЖҮРҮП ЖАНШЕРИГИМ ГҮЛЖАНДЫ АКЫРЫ ТАПТЫМ»

– Девид, айтсаң, кантип, кандай жол менен Кыргыз жергесине барып калдың эле?
– Оо, бул жагдайымды айта баштасам айабай эле чубалжыган узун тарых. Мен Кыргыз жергесине эле эмес, кыргыз кызы, Жаншеригим Гүлжанга өтө узак, ийру-муйру жолдор менен жүрүп отуруп анан акыры жеттим.
– Ошол узун тарыхтын учугун чубап, кыргыз окурмандарына, тагыраак айтканда кайын журтуңа катары менен тизмектеп айтып, кеңири маалымат берип кетпейсиңби? Эгер мүмкүн болсо, албетте? Мен кыргыз окурмандары үчүн абдан эле кызыктуу болсо керек деп ойлойм.
– Жакшы болот, айтып берейин. Алгач өзүм испан тили боюнча университетти бүтүрүп, Тынчтык Корпусуна катталдым. Ушул тилде эркин сүйлөгөндүктөн Түштүк Америкага дайындалаарымды күткөм, бирок ал жакта орун жок калыптыр. Сени кабыл алсак Африкага барасың дешкен, бирок бир айдан өтүп кетсе да Тынчтык Корпусунан кабар болбоду. Анан Вашингтонго чалып сурасам, менин арызым бир текченин түбүндө калып, көрүнбөй, унутуп калышыптыр. Анан алар айтышты, Африкага баруу үчүн да кечигип калдың, Борбор Азияга барасың, бүрсүгүнү пошто аркылуу расмий чакыруу аласың, каякка жана качан жөнөөрүңдү ошол катта түшүндүрөт дешти. Чынында Борбор Азия эмне экенин так деле билчү эмесмин. «Каякка дейт?» деп атам экөөбүз картаны карай баштадык. Индустан же Пакистан деп ойлогом, көрсө алардан башка дагы беш «Cтан» бар экенда! Көп жылдардан бери картадан дыккаттык менен Азия өлкөлөрү жак
ка көз сала элек экенмин. Мурда жөн гана «USSR» (СССР) деп ал жакта жазылып турчу. Ошол беш «Станды» карасак, англисче айтууга эң кыйыны Кыргызстан болгондуктан, атам экөөбүз «сөзсүз бул тилибиз келбеген өлкөгө барыш керекпиз» деп тамашалап болжолдоп койдук. Ошону менен бүттү, «Кыргызстанга барам» деп, акыркы чечимимди кабыл алып салдым. Себеби, мен өзүмдөн кескин айырмаланган эл менен таанышып, алар менен жалпы адамдык мамилебизди таап, чогуу иштейли деген максат менен Тынчтык Корпусуна катталган болчумун. «Кыргыз» деген эл бар экендигин билип-билбей эле, анча тааныбаган элүүгө жакын ыктыярчылар менен 1999-жылдын ийунунда Чикаго шаарында жолугуп, Кыргыз жергесин көздөй учуп кеттик.
– Кыргыз жергесиндеги алгачкы маанай, кандай сезимдер пайда болду, кандай кабыл алды, алгач оор эле болсо керек? Ата-жоотоң таанып, көрүп, ал эмес укпаган эл-журт дегендей..
– Кыргыз жергесиндеги Тынчтык Корпусу биринчи эле келгенибизде бизге эң негизги кыргыз сөздөрүн сонун үйрөттү. Бир жума Кантта, мейманканада сааттын айырмасына көнүп, эң керектүү салттарды үйрөнүп (оң кол менен тамак алып жеш керек, кээ бир америкалык сөздөр кыргызча айабай уят экен, аңглисче сүйлөөдө абайлаш керек, кол менен жаңсаган америкалыктардын кээ бир белгилери бул жакта айабай башкача, ызалуу маани берет экен, жерге дароо отурбай, кагаздын үстүнө отургула, бөлмөгө киргенде эркек ар кайсы эркек менен колдон келешинче кол сунуп учурашыш керек, үйгө киргенде бут кийимди чечиш керек деген сыяктуу) анан бизди ошол Канттын тегерегиндеги айылдарга бөлүп, кыргыз үй-бүлөлөргө жайгаштырышты. Мен жана башка он ыктыярчы Туз деген айылда үч ай жашап, кыргызча үйрөнүп баштадык. Эртең менен дайыма Тынчтык Корпусундагы Нарындык мугалим бизге кыргыз тил сабагын өтчү, түштөн кийин биз билим берүү боюнча сабак окуп, а кечкисин болсо өзүбүз жашаган үй-бүлөбүз менен жалгыз калып, эптеп колдон келишинче кыргызча баарлашчубуз. 
– Кантип, эмнелер жөнүндө баарлашат элеңер, дароо эле бир-бириңерди жакшы түшүнүү кыйын болду го? Ыңгайсыз абалдар, кыйналган учурлар көп эле болгондур?
– Болбой анан. Азыр деле бир окуя көз алдымда. Менин кыргыз апам тамак жасап берип жатат. Мага «же, жей гой» десе, мен англисче тактап «Eat?» деп сурадым. Аны апам «ит» деп түшүнүп, англисче «же» деген сөз экенин билбегендиктен мени «бул эт иттин эти экен деп күнөлөп жатат» деп таарынып калыптыр. Адегенде мен эмне үчүн таарынганын түшүнгөн деле эмесмин. Андан кийин сөз менен өз оюмду айталбай кыйналып, шорпосу менен эле тамшанып ичип-жеп салдым. Эртеси Нарындык агайды үйгө эрчитип келип, апага ортобузда эмне түшүнбөстүк болгонун котортуп, кечирим сурадым!  Ошондо ал Апа агайдын сөзүн угуп алып кечке чейин боору эзилип каткырган. Мен да жыргап калгам. Дагы бир жолу ошол Апа экөөбүз жалгыз тамак жеп жатканбыз. Анан апа мага макарон сунуп, «кесме» деди. Мен аны «Kiss me (өп мени)» деп айтты деп түшүнүп, чалкамдан кулап кала жаздадым. Анан апанын күйөөсү тамакка келгенде кызарып, айабай уйалып кеттим. Экөөсү мени карап, санааркагандай шыбырашып калышты. Айткандарын түшүнгөн деле жокмун, бирок «Америкалык ооруп калды, бети кызарып атат» дешти деп божомолдоп койдум. Албетте ал түшүнбөстүк үчүн агайды үйгө ээрчитип келген жокмун!
– Ошол үйдө эле жүрө бердиңби анан, же башка жактарда дагы болдуңбу? Канттан башка шаарларга, айылдарды, обулустарды кыдырып дегеним?
– Тынчтык Корпусунун жайкы машыктыруу мөөнөтү бүтүп, эң негизги кыргыз сөздөрдү жана грамматикасын билип калганда Алайга, Гүлчөгө көчтүм. Негизги кыргыз тилинин чет элдиктер үчүн жакшы касиети – грамматикасы татаал болсо да, эрежелерден тышкаркы нерселери аз экен. Үндүүлөр ыргагы (а-ы, и-е, о-у, ө-ү) үчүн сөздөрдүн жазылышы жеңил эле. Андан да жакшы касиети бар, кээ бир жардамчы этишти колдонуп, ар түрдүү мааниси бар сүйлөмдөрдү түзсө болот экен (койуу, берүү, алуу, кетүү, салуу жана башка ушу сыяктуу). Мен кыргызчаны үйрөнүү жолуна бет алганда ар түрдүү кишилер менен сүйлөшүп, көптөгөн каталар менен сүйлөп, макоо көрүнүүдөн эч тартынган эмесмин.  Ошентип
анан машыгып үйрөнөсүң да.  Гүлчөгө барганда үч жүзгө жакын эле сөздү билсем да, грамматика эрежелерди терең түшүнүп, ойлорумду чала-була айтып калгам.  Ошол Гүлчөдө мен бир абдан шайыр байкенин (аке) үй-бүлөсү менен жашап калдым. Анын жаңы алган аялы жана жетимиш жаштан ашкан бирок аябай жигердүү, тың апасы менен чогуу жашап баштадык эле. Тилекке каршы алар менен эки эле жума туруп калдым, мектепте да сабак бербей калдым. Баткенге Вахабиттер келген кез болчу, Алайда да, Ошто да элдин баарынын тынчы кетип, Тынчтык Корпусу Ош обулусундагы (ал кезде Баткен обулусу Оштун бир бөлүгү болчу) ыктыярчыларды Бишкекке алып кетишкен. Мен үчүн абдан өкүнүчтүү эле болгон, бирок мен ошондо ал жакта калып калсам Жаншеригим Гүлжан менен таанышпай калмак экенмин..

Мектеп окуучулары менен түшкөн сүрөттөр.
Кочкор району, Ак-Учук айылы, 2000-жыл.

–   Аа, анан кайра Кантка көчүп келдиңерби?
– Ооба, кайра келип эки жума Кантта жашагандан кийин мени Кочкор районунун Ак-Учук деп аталган айылына жөнөтүштү. Ак-Учукта (1999-2000) мектепте сабак берип, Молдогазиева Жумакан дегендердин үй-бүлөсү менен бир жыл чогуу жашадым. Жумакан апа менен дароо эле дос болдум.  Нарындын өтө суук кышы сентябрдын акыркы жумасында эле сезиле баштаса, биз үйдөн чыкпай кечке көңүл ачып башыбыздан өткөндөрдү айтып отура берчүбүз. Апага, «Сиз мага тамак даярдайсыз, кийимимди жууп берип жатасыз, башканын баарын мен үчүн кылып жатасыз. Мен өзүмдүн киримди өзүм жууйунчу, Сизди убара кылбай» десем, мени укчу эмес. «Жо-ок айланайын, 
сен жалгызсың, алыскы, чоочун жерге келдиң. Башка да маселелериң бар да» деп. «Менден мындайча жол менен гана кутуласың, Американы, Америкадагы үй-бүлөңдү жана өзүңдү мага кыш бою тааныштырып, сүрөттөп бересиң» дей берчү. Ошентип Жумакан апа менен тынбай, чер жазыша сүйлөшүп жатып кыргызчаны минтип эркин сүйлөп калдым.
– Байкашымча кыргыз тили анча деле кыйын эмес, оңой эле өздөштүрүп кеткен турбайсыңбы? Ошондойбу?
– Мен мурун негизги кыргыз тилин үйрөнүү жеңил эле деп айтканыма кайра бир аз токтоло кетейинчи. Ооба, негизги кыргыз тили жеңил эле бирок ал күнүмдүк турмуш үчүн эле колдонулат.  Адабий, маданий
жаатында кыргызча сүйлөш абдан оор чет элдик үчүн. Мен канчалык өздөштүрө баштаган сайын, ошончолук өздөштүрө албаганымды билдим. Окшош мааниси бар сөздөр түгөнгүс жана өткөн чак, этиштери аябай татаал экен. «Барчу, барган, барыптыр, барды, бардыдыр» жана башка ошол сыяктуу сөздөрдү бүгүнгө чейин аралаштырып жүрөм. Ал эми -ып жатам/турам/жүрөм андан түшүнбөс табышмак боло берет мага. Бирок кыйын тил болсо да кыргыз тили мага жагат, угулушу, грамматикасы жана симболизм аркылуу маңыз бергени. Бир «көз» деген сөз менен канча ар кыл тема тууралуу сүйлөсө болот, көз карандысыздык, көздөй, көз ирмемде, көзүмдүн карегиндей сактоо, көзү ачык, көз жумду, көз караш, ач көз, элдин көзүнчө, ушундай чексиз, мен биле элек жана башкалар. Анын үстүнө бир эле сөз менен бир узун сүйлөмдү айтуусу мага айабай жагат. Мисалы, «Убадалашкандардансыздарбы?» дегенди аңглисче тил менен айтууга канча сөз керек? «Are you one of the people who made the mutual agreement?..»
–  Жакшы Девид. Тил жагынан кыйналуу анча болбоптур, жагып, бат үйрөнүп алыптырсың. А башка кандай кыйынчылыктар, жакпаган жактары болду? Же баары эле мыкты бекен бизде?
Жо-ок, андай деле эмес. Мен кыргыз тилин башынан тартып эле жакшы көрсөм да, салты боюнча ой-пикирим убакыт менен өзгөрүп келатат. Ошон үчүн азыр мен өмүр баянымдан бир саам четке чыгып, тартынбай кыргыз салтын бир аз сынга алганым туура деп ойлойм. Мен жаш ыктыярчы болуп жүргөн кезимде Американын салты менен Кыргыз салты өтө айырмаланат, бир-бири менен  кесилешпейт деп ойлочумун. Бирок кичине көнүп, «чоңойгондон» кийин, кыргыз тилин кененирээк түшүнгөндөн кийин жана кыргыз кызын алгандан кийин, жалпы адамдыгыбиз бирдей эле, айырмаларыбыз аз жана ошол айырмалар биздин бекем эл аралык достугубузга тоскоолдук кылышы мүмкүн эмес деп ишенип калдым. 
Менин көргөнүм боюнча, кыргыз салтынын эң жакшы жактары жана алсыздыгы медалдын эки бетиндей эле деп ойлойм. Кыргыз салтынын эң күчтүү жагы, үй-бүлөнүн (туугандардын) ортосундагы жылуу мамилелери жана улуулата сыйлоо эрежеси. Мен эч качан кыргыздын ата-энесин, үй-бүлөсүн же башка туугандарын жаман деп айтканын көрө элекмин. Ооба, кыргыз балдар америкалык балдардай анда-санда ата-энесине нааразы болуп, алар менен айтышышат. Бирок ошондой чатактар үйдөн сыртка чыкпайт. Кыргыздар үй-бүлөсүнүн баркын коргоп, кошунасына же досторуна чуркап, даттанып, «обого» чыгарышпайт. Уйат. Төрөлгөндөн баштап, «улууларды сыйлап, чоңдор менен учурашыш керек, ата-бабалар ыйык» деп тарбийаланышат. Анын үстүнө, кыргызда улуулата сыйлоо эрежеси баарына анык. Көп кайын-журтумдун аттарын билбейм, бирок ордун билем, жезде, байке, балдыз, эже, бажа, эне жана ошондой эле башкалар. Ар ким өз үй-бүлөдөгү ордун билсе, башкаларга кандай мамиле кылыш керек экендигин туйушат. Ошондо түшүнбөстүктөн уруштун пайда болушунун мүмкүнчүлүгү аз болот. Бала ата-эненин тилин алса, тажрыйбалуу уулдардын кеңешин укса, өмүр жолу туура болот. Улуулата сыйлоо эрежесин бузбаган үй-бүлө күчтүү болот, максаттарына тез жетет.
Алсыз жактарыбыз, кемчилигибиз жоктой эле сыпаттап, кайын журтуңду ашкере көклөтө мактап жаткан жоксуңбу Девид?
– Бул жакшы касиетинин алсыздыгы –ала качууда болушу мүмкүн. Эмнеге? Ал ой-пикиримди түшүндүрүү үчүн кичине Америка тууралуу айтышым керек. Америкада улуулата сыйлоо эрежеси анык эмес. Ооба, ата-эне
ни сыйлаш керек, бирок сый деген эмне? Аларга ойлорун ачык айтыппы же унчукпай баш ийиппи? Бул суроого ар кайсы Америкалык үй-бүлөдө ар кандай башкача жооп узатмак. Биз өз алдынчалыкты (individualism) өтө бийик ой деп эсептейбиз. Американы негиздеген аталардын (Вашингтон, Жефферсон, Франклин жана башка) ата-бабалары Европадагы адамдын мүмкүнчүлүгүн чектеген коомдук эрежелеринен качып, эркиндик издеп Америкага келишкен да. «Эч бир падыша же бай менин үй-бүлөмдү жакшы билбейт» дегендей. Ошол качып келгендердин үч жүз жылдан кийин азыркы муунга берген мурасы, Америкалык кыздар (жана жигиттер) ар түрлүү тарбияланганы. Америкалык жигит кызды ала качса, келини кантип ата-энесин сыйлайт экендиги, үй-бүлөдөгү өз орду тууралуу кандай ой бар экендиги, ким тамак бышырат, ким бала багат деген нерселер боюнча ойлору белгисиз болмок. Келин болсо бир эле көз караш менен жигиттин үй-бүлөсүнүн абалы кандай экенигин даана биле албайт. Ошон үчүн биз үйлөнгөнгө чейин жок дегенде бир жыл бирибирибизди сынап сүйлөшөбүз. Кыргызстанда болсо ала качкан келин жана жолдошу салтты, анык улуулата сыйлоо эрежесин сыйлашса, экөөнүн ортосунда майда-чүйдө жекече мүнөзгө байланышкан маселелер эле болот деп ойлойм. Улуулата сыйлоо эрежеси кээде кызыктай шартка жеткизет. Кээ бир мурдагы окуучуларым Гүлжандан улуу. Алар окуучум болгон кезинде мага сиз деп айтчу. Азыр баары тескерисинче , алар менден кичүү болсо да, мен аларды «сиз, кайынэже, кайнага жана жеңе» деп аларды сыйлап айтышым керек. Жакшы окугандар мага «агай, мурункудай эле мени сен деп айта бериңиз» деп айтышат, бирок үч алган балдар өчүн алып, мени Сиз деп айтууга мажбурлайт! 
Ушул улуулата сыйлоодо, урматтодо кемчилик, туура эмес жактар бар деп ойлойсуңбу?
– Улуулата сыйлоо эрежесинин дагы бир чоң алсыздыгы бар, ал маселелүү ата-энелер. Бала тажрыйбасы көп ата-энесинин кеңешин укса, өмүр жолу туура болот деп айтпадым беле. Бирок бардык эле ата-энелер кемчиликсиз эмес. Алар жашоо шарттарды туура эмес түшүнүшсө, балдарына жакшы кеп-кеңеш бере албашы мүмкүн. Мисалы, аракеч, ачуулуу же өзүн-өзү баалабаган ата-энелер болсо, балдардын өмүрүнө көп зыян келтириши мүмкүн. Кыргыз адабиятында канчалаган жаман энелер тууралуу шордуу аңгемелер бар экен…
Кыргыз салтынын экинчи күчтүү жагы, жылуу меймандостугу. Ал теманын укмуштугу тууралуу көп сөз болгон, аларды кайталабай эле койойун. Жакшы жагы тууралуу бир эле нерсе айтайын. Мен чет элдик адам катары эч качан кыргыз айылында өз өмүрүм үчүн коркуп көрө элекмин. Коркпойм дагы. Көп өлкөлөрдө чет элдиктер жалгыз жүрбөш керек. Мен деле Америкада жол тоспойм, айабай коркунучтуу экен. Бирок Кыргызстанда эч ким мага зыян келтербесине ишенип, жүздөгөн жолу жол тостум. Таксинин ичиндегилер мага жылуу мамиле кылат же жок дегенде мага тийишпейт деп билдим. Тескерисинче, мен башка ишке шашканыма карабай, кээ бирөөлөрү мени үйүнө жеткизип, чай берди. Шашып жатканым үчүн ошого кичине капа болсом да, кантейин, меймандос кишинин чакыруусу жакшы экен да.

Девид кайниси Таалай менен кой сойушуп жатат.
Тоң району, Тогуз-Булак айылы, 2010-жыл.

–  Ооба, кыргыздар меймандос келебиз, чоочун деп кодулабай кайра колдон келишинче сый урмат  көргөзүүгө көп аракет кылышат. Кой сойуп конок кылууга, болгонун жайууга аракет кылган жактары бар. Муну чет элдиктердин көз карашында “ашкере ысырап кылуу” деген тейде жактырбашы деле мүмкүн. Ушуга кандай карайсың?
– Бул меймандостуктун алсыздыгы жөнүндө да көп сөз айтылган. Кыскасы
, кээ бирөө бири-биринин меймандостугун колдонот. Анын үстүнө кой деген байлык да, анын курулай чыгым, ысырап болуусунун кереги жок. Мен тойлорго барган сайын үй ээси үчүн боорум айабай ооручу. Бир эле кеч үчүн канча убара болуп, канча акча коротуп, канча күн бою уктаган жок? Ошончолук кыйынчылыктын пайдасы эмне? Мен ыктыярчы болуп кыргыз тойго барганды жаман көрчүмүн. Маанилүү деле киши эмесмин жана негизинен уялчаакмын. Узак убакыт бойу төрдө отуруп, эне тилимде эмес кыйыналып сүйлөп, элдин баары мага Американын «байлыгы» тууралуу көп суроо сурап мени абдан чарчатчу. «Той» деген сөздү уккан сайын «ичим ооруйт, бара албайм» деп анткорлонуп, шылтоо таап, кашчумун. Мен «чын эле конокту сыйласа, менин каалаганымды угуп мени анчалык кыйнамак эмес» деп ойлочумун. Бирок күйөө бала катары тойго баруу таптакыр башкача, бул уялчаак адам үчүн абдан жакшыраак жана жагымдуу. Төрдө отурбайсың, эшикке эркин чыгып турсам болот. Жана күйөө бала болгондо мен бекер эле отурбайм, колумдан келишинче жардам берип, өзүмдү намыстуу сезсем болот.
Анан тойдо сөз сүйлөгөндөн аябай уялдым. Америкада узун тосту айтууга шыкты сыйлабайбыз, тескерисинче өзүнүн ойун кыскартып, жыйынтыктап айтууга жөндөмдүү кишини акылдуу деп ойлойбуз. Бирок тойдо дайыма менден акылдуу эл аралык достук тууралуу сөз күтүлчү. Мен кызарып, эптеп эле төмөнкү тосту айтып кутулчумун: «Достугубуз Ала-Тоодой чоң болсун.  Кыргызстан гүлдөй берсин. Ден соолугуңар Ысык-Көлдөй таза болсун. Малыңардын жана айалдарыңардын бойунда болсун». Эркектер жыргап күлүп калышчу, а кыз-келиндер мага уялгандай тиктешчү. Ал тосту акылдуулук эмес деп түшүнсөм да, эми эч качан айтпаш керек деп өзүмө убада берип, бирок кийинки тойдо деле жалгыз Америкалык болуп, уйалып, оозумдан кайра эле чыгып кетчү.
–  Кыргыз жергесинде жүргөнүңдө туугандарың, ата энең же башкалар сага келип кетишчү беле? Туугандарыңды сагынып, же алар деле кызыгып, биз да барып, көрүп кетели дешкендир?
–  Ак-Учукта жашап жүргөнүмдө бир тууган иним бир жумага Америкадан келип кетти. Чоң той болуп, инимди төргө отургузушту. Бир байке инимдин сапсары чачын көрүп, мындай сөз айткан эле: «Советтер Сойузунун учурунда мен армияда болгом, мени Берлинге жиберишкен. Берлиндеги дубалдын ары жагында сендей сапсары балдарга мылтыктарыбызды кадимкидей мээлечүбүз. Силерди душман дечүбүз» деп анан ошол байке ыйлап жиберип, «Кечирчи бизди, азыр биз ушинтип чогуу бир дасторкондон тамак жеп калабыз деп таптакыр ойума келип, элестетчү эмесмин. Кечирчи мени брат!» дегенде иним да эч бир сөзүнө түшүнбөгөнүнө карабай эле ыйлап жиберген. Экөөсү анан кечке кучакташып, эзилишип, бир идиштен тамак жеп көпкө чогуу отурушкан эле. 
Мен, кийин, азыр кыргыз тойунун ошончолук маанилүү болуп кеткен себебин бир аз түшүнүп калдым. Үй ээси тойду конок үчүн эле өткөрбөйт, өзүнүн намысы, коом жана барк үчүн деп өткөрөт.  Андан да кыргыздын үчүнчү күчтүү касиетинине келдим, ал баркты сактоосу. Кыргызстандын аянты кичиникей, калкы аз жана тегерегинде күчтүү улуттар көп. Менимче баркты сактоосу, кыргыз салтын сыйлаганы, жакшы адам болуу менен барабар. Элдин көзүнчө, үй-бүлөнүн баркы үчүн жети атасын билип, үй-бүлөнү уйат кылбаш керек. Намыстуу адам болуш керек.
–  Намыс, салт деп жатасың, аны кандай түшүнөсүң дегеле? Маселен, намыстуу болуш үчүн эмне кылыш керек башка дагы?
–  Чыңгыз Айтматов «Адам үчүн эң кыйын иш, күн сайын адам болуу» дебеди беле? Баркты сактоону өтө эле бийик деп койуп, бир киши бир эле күн алсыз болуп, баркын, намысын сактабаса, эл аны эч качан унутпайт. Ал алсыздыктын жыйынтыгы ушак, ичи тарлык жана көз тийбесин дегени. Менимче кыргыздар элдин сөзүнө өтө эле көңүл буруп, бири-биринин кылык-жоругун өтө көп сындашат. Мисалы, жубайым бир жолу жайында, июнь айында чет өлкөлүк бир илимпоздун котормочусу болуп, Караколго ал киши менен барып келди. Бишкекке кайра кайтып келе жатканда илимпоз Чолпон-Атада түнөөнү өтүнүп, бир мейманканадан эки бөлмө суранышыптыр. Ошондо мейманкананын ээси, «жашырбай эле бир бөлмө алып эле эс ала бергиле» десе жубайымдын жүрөгү айабай түшүптүр. Жубайымдын көлдүк туугандары толтура да Чолпон Атада. Белгисиз бирөө ошол кишинин сөзүн угуп жалган ушак таратса, апасынын ден соолугуна сөзсүз катуу зыян келтирмек. Ээсин аябай урушуп «мен котормочусумун, эки бөлмө бериңиз, билбей туруп эле экинчи антип сүйлөбөй жүрүңүз» деп катуу айтыптыр.
Мен барк жана ушак тууралуу күлкүмүштүү бир окуйа айтып берейинчи. Жаш кезимде анда-санда стресс болгондо тамеки тартчумун. Бир жолу мектепте маселелер көп болуп, кечинде үйдөн жарым саат сайын  жашырынып, тыштагы дааратканабызга барып тартып келип жаттым.  Эртеси айылдын башкажагындагы агай мектептен, «Ич жакшыбы?  Кечинде дааратканага бат-баттан эле барып жатканыңды уктум» деген эле мага санааркагандай суроо берип…
Дагы бир жолу сейилдеп, айылга жакынкы адырга чыктым. Бир эңкейиштен түшүп, талаасын сугарууга келген чоочун келинге кезигип калдым. Беш мүнөт чогуу басып баратып майда-чүйдөлөр тууралуу баарлаштык. Кокусунан келин, бети кызарып, башка жолго бурулуп кетип «мени ээрчибе» деп шыбырды. Өйдө жакты карасам бир жигиттин карааны жакындап келатат. Башкалар мени келин менен адырда жүргөн киши экен деп ойлошпосун деп аябай уялдым. 
Ак-Учукта жашап жүргөнүмдө эмнегедир кыргыз салтынын алсыздыктарына эле көп көңүл бурчумун. Кыргыз салтын жаман деп эсептебейм, бирок мен үчүн ыңгайсыз деп ойлочумун. Анан кичиникей айылда жашагым келбей, Тынчтык Корпусуна мени Кочкордой шаарчага жибергиле деп арыздандым. Тынчтык Корпусу менин арызымды кабыл алып, Тоң райондун Тогуз-Булак деген айылга которушту. Бирок ал айыл деле ойлогонумдай чоң эмес Ак-Учуктай эле кичиникей айыл экен.  Азыр, он үч жылдан кийин, ал арыздаганымды эстесем, кызарып кетем. Ак -Учуктагылар «чанып кеттиң» деп мага таарынышканы негиздүү эле болчу. Бирок, Кудайга шүгүр, Ак-Учуктагы үй-бүлөм, коллегаларым кечиримдүү эл экен. 2010
жылы Ак-Учука барсам кадимкидей жылуу кабыл алышты.
–  Ак-Учуктан эмнеге кетип калды
ң эле, жакпай калган жагдайлар блдубу?
–  Ак-Учуктан эмнеге чыдабай кеткенимди түшүндүрүү үчүн 1999-2000жылдарыдагы абалымды сүрөттөшүм керек. Мен ал учурда 24 гана жашта, биринчи жолу ата-энемден алыс жашагам.  Кыргыз жергесинде телефон тармактары көбөйө элек, ал эмес Бишкекте бир эле интернет кафе бар болчу.  Америкадагы жакындарым менен андасанда эле кат аркылуу байланышып турчумун. Үйүмдү аябай сагынып, кыйынчылыктарды араң эле көтөрчүмүн. Кыргыз тилин жакшы эле сүйлөсөм да, кыргыз салтынын достукка тоскоол кылуучу чоң айырмасы жок экендигин бекем түшүнө элек болчумун.  Тынчтык Корпусу мени кайра эле башка айылга которгону ырас болуптур. Мен эгер  шаар же чакан шаарчада жашап калсам, башка ыктыярчылар менен кошулуп алып, кыргыз тилин үйрөнгөнүмдү дароо токтотмокмун. Же балким тагдырым үчүн Тогуз-Булакка көчкөндүрмүн.

Жалпы үй -бүлө, туугандары менен чогуу түшкөн сүрөт. Ысык-Көлдө, Тоң району. 2010-жыл.

–   Тагдырым, Тогуз Булак деп калдың, кенентрээк кеп салып бер эми Девид күйөө бала?
–  2000-жылдын август айында мен Тогуз-Булакка көчүп, жаңы үй-бүлөм (ыраматылык кайнатам Кудабаев Исраилдин үй-бүлөсү) менен жашап баштадым. Алардын короосундагы үч баласы мени жылуу маанайда тосуп алышты. Улуусу аябай жылдыздуу, өзгөчөлөнгөн кыз экен. Көзүмө тиктеп «Good afternoon» деп тартынбай эле айтты. Алгачкы көрүштө эле өмүрүмдө биринчи жолу башкача бир сезим менен туйуп сезгенимди байкагам. Ал үйдөгү жаңы ата-энем менен таанышып, чай ичип жатканда, апа үйдөгүлөр тууралуу кенен айтып берди. Ал кызынын он беш жашта эле экенин, тогузунчу класста окуурун угуп жүрөгүм түшүп кетти. Анан ичимден өзүмдү, «эмне болуп жатасың,  ал кыз сенин карандашың эмеспи!» деп жанагы башкача сезимимди мээмден өчүрүп салдым.  Ошентип, бир жыл бойу Тоңдо жашап калдым. Ал үйдүн ээси, Көлдүк атам менен дароо эле жакын дос болуп калдым. Ал киши айабай тамашакөй, мээримдүү жан эле.  Мага «Капиталист» деп тийишип,  кансыз согуш мезгилди шылдыңдагандай Советтер Сойузун мактачу. Бир жолу кошуна байке менден, «Дэвид, чыныңды айтчы, сен шпионсуңбу?» деп сурап, анан бир саамдан кийин, «качан менин үйүмө келесиң?» деп мени чакырса атам ыраматылык, «Шпионду да үйүңө чакырасыңбы, койлоруңду санап, Вашингтонго айтып салат» деп бизди айабай күлдүргөн. Байкуш атам кант диабети менен ооругандыктан апам ага таттуу көп жегенге тыйуу салчу. Мен Бишкекке барган сайын «эркекче» эки-үч бөтөлкө «Сиберская Корона» деген сырадан жашырып атага алып келип берчүмүн. Атам экөөбүз кошуна досубузду чакырып алып, ошол сыраларга каймак салып ыракаттанып, шашпай баарлашып отуруп жыргап ишчүбүз. Анан апа ичкенибизди көрүп калса бизди мээрими менен урушчу. «Мындан кийин сыра ичпейсиңер, диабетке зыян деп калаар эле. Анан кайра бат эле «Гүлжан, балдарга тезирээк картөшкө кууруп жиберчи» деп безилдеп турат эле.

– Айтсаң, Гүлжан мектепте эле окуган кичинекей, секелек кыз болсо, анан кантип мамиле түзүп, сүйлөшүп, жакындап кеттиңер?

– Гүлжан менен башында байке-карандаш катары эле бекем достук курганбыз. Анан мен он жылдан кийин аны менен никеге туруп калаарымды ал учурдада таптакыр ойлогон эмесмин. Түшүмө да кирген эмес. Мен өз колуктумду мактасам туура эмес го. Жөн эле Гүлжандын ар кайсы жактан (окуусунда, эл менен аралашканда жана үй оокатын кылганда) тың экендигин жакындан байкаганымды гана айтсам болот. Апасы Гүлжанды мени менен англисче гана сүйлөшүүгө мажбур кылчу. Ал менин котормочум болуп калып, көп учурда мурда түшүнбөгөн көп нерселерди эне тилимче түшүндүрүп берчү. Кыргыздын салты тууралуу аңглисче уксам, кандайдыр менин жүрөгүмө жакынараак сезиле баштаган. Ошондо гана ал салттын алсыздыгын эле эмес, күчтүү жактарын да туйуп, сезе баштадым. Анын үстүнө ошол жылдары биздин үйүбүздө жана башка мугалимдердин үйлөрүндө той-аш айабай көп болду. Ар кандай элдер менен баарлашып, кыргыз тилинде андан дагы кененирээк сүйлөп көнүп алдым. Ошол жылдары кыргызчам катуу бышып калган деп айтсам туура эле болот. Гезиттерди жана жөнөкөй романдарды окуп баштап, ар түрдүү тема тууралуу эркин сүйлөшө алчумун. Ишенесизби, азыр ошондогудай соонун сүйлөгүм келет кайра
-кайра!.. 
– Жакшы Девид күйөө бала, азыр анда Көлдү, ошол жылдарыңарды сагынып жаткан чыгаарсыңар? Айылдагылар орус деп эле кабылдашса керек. Америкалык экениңди баары эле кайдан билишсин, же билишчүү беле?
– Сагынганды айтпаңыз. Тогуз-Булак Ысык Көлдүн тескей жагында, бирок чоң жолдон алыс, «үстүнкү өрөөндө» жайгашкан. Күндө бир жолу Балыкчыдан ага сары автобуз каттайт. Ал автобустун шартын сүрөттөбөйм, бирок ага бир түшкөндө адамды он жылга карытат. Орус демекчи, бир жолу Бишкектен келе жатып, ага үлгүрбөй калып, Караколго кеткен автобуска түшүп калдым. Тогуз-Булакка бурулган жерге жеткенде (Кескен-Бел) мен жылчыгы жок автобустун артынан «токтоткула» деп кыйкырдым. Мени тааныбаган жүргөнчүлөрдүн баары «ким бияктан түшмөк эле» дешип суроолуу кебетелери менен мени жабыла карашып, кыргызча сүйлөгөн орус экениме ооздору ачылып, аңырайып, таң калып калышкан. Анан мага орусча, «Жок, болбойт, али Кажы-Сайга жете элекпиз» деп кашайып түшүрбөй койушкан. «Ээй туугандар, түшүнбөй жатасыңар» деп баарын кыргызча, ким экендигимди жана абалымды элүүдөн ашык  чоочун жүргүнчүгө түшүндүрүп бергенден кийин гана араң токтоп түшүрүп койушкан. Айылда ээн-эркин жүргөн, кыргызча билген Америкалык аз болчу. 2001-жылдын жайында америкадагы карандашым Кыргыз жергесине келип кетти. Экөөбүз Көлдү айланып кыдырып чыктык. Алыскы жайлоолорго барсак, ал жактагы чабандар менден автограф сурашты.  Карандашым ошондо мени аябай урушту. «Автографпы, сен кимсиң?” деп. «Мен Дэвидмин» деп  мостойуп туруп жооп узатып койсом ачуусу айабай келди. «Дэвид деген ким, Америкада биз эч ким эмеспиз!». «А бирок мен Дэвидмин. Мен кыргызча билген Дэвидмин» деп айтсам, «аның эмне, алар деле кыргызча сүйлөшөт да, анда сен да  алардан автограф сурабайсыңбы?» деп боорду эзген. Андан эки күн өткөндөн кийин Түптүк досумдун үйүнө барып карандашым экөөбүз өзүбүзчө англисче сүйлөшүп жатсак бир эже, «ами-мии, силерди көрүп, кадимки кино көрүп жаткандай болуп атам» деп атпайбы. Мен анан ал сөздү карандашымдын жининен коркуп, которуп бербей койгом!
Жалаң кыргыздын арасында жалгыз америкалык өзүнчө эле «жылдыз» болуп жүргөн турбайбы анда? Албетте тамаша, бирок карапайым эл чет элдиктерге айабай эле тұз, жылуу көз карашта экенинин белгиси болсо керек. А карындашыңызга ал айабай өөн учураган экен да, туурабы?
– Анан дагы бир күндөн кийин, Кара-Колдун зоопаркына барып калдык. Үч, сегиз жаштын тегерегиндеги жаш балдар маймылга айабай кызыгып карап жатышкан экен. Артынан карандашым экөөбүз англисче бапылдап сүйлөп аларга жакындап келгенибизде балдар маймалды унутуп, бурулуп алышып, баары тең бизди тиктеп калышты. Айттым карандашыма, «көрдүңбү, биз маймылдан да кызыктуубуз. Ушундай белгилүү жана өзгөчө болгонго мен көнүп калгам» десем карындашым, «ошон үчүн сен бузулуп, көөп кете электе үйгө келишиң керек» деп таарынган.

(Уландысы бар.)

Ааламтор аркылуу маек курган
Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист,  Келсинки-Денвер.
май, 2013.

 

May 19

«Көч байланыш»

      **************************************************************************************************************

КАПТАГАЕВ Эмилбек Саламатович. Кыргыз Республикасынын Президентинин  Этностор аралык мамилелер бойунча Кеңешчиси.

КАПТАГАЕВ Эмилбек Саламатович. Кыргыз Республикасынын Президентинин
Этностор аралык мамилелер бойунча Кеңешчиси.

КӨҢҮЛ БУРГУЛА, «КӨЧ БАЙЛАНЫШ»

Кыргыз Республикасынын Президентинин  Этностор аралык мамилелер бойунча Кеңешчиси КАПТАГАЕВ Эмилбек Саламатович мырза менен өткөрө турган «Көч Байланыш» ишемби, жекшемби (18-19-майда) күндөрү Бишкек убактысы бойунча саат 19-00 дөн 22-00 гө чейин өтө турган болду.

Урматтуу «Көчмөндөр», «Көч Байланыштын.» кыскача эрежелери жана тартиби менен таанышып алыңыздар!.

1. Байланыштын мааниси жана негизи, олуттуу маселеге айланып турган эне тилибиздин өсүп-өнүгүшүнө, анын мамлекеттик тил катары калыптанышына, жалпы эле кыргыз баалуулуктарына жана бүгүнкү күндөгү ушул багытта жасалып жаткан кадамдардын оң жана терс көрүнүштөрүн аныктап билгенге болгон кадам, аруу тилектер жана аракет. Эмилбек мырзага дал ушундай көйгөйлөргө жана багыттарга байланышкан суроолордун берилиши кажет.

«Карындагы баланын, кан болоорун ким билет, бешиктеги баланын, бек болоорун ким билет». КР Президентинин Кеңешчиси Эмилбек КАПТАГАЕВ дин үч жаштагы кези.

2. «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун басымдуу көпчүлүк мүчөлөрү чет өлкөдө жашап жана иштеп жүргөн боордошторубуз болгондуктан алардын көкүрөгүн өйүгөн көптөгөн маселелери бар экенин жакшы билебиз. Андыктан ушул жаатта дагы сууроолорду дайардап, ыңгайлаштырып берсеңиздер болот.

3. Саясат, дин жана Эмилбек мырзанын жеке өзү менен ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолорду берүүгө тыйуу салынат.
4. Суроолорду колдон келишинче кыска-нуска, алыңардын жетишинче аргументтештирип туруп так жана даана, түшүнүктүү кылып жазып берсеңиздер?
5. Эгерде жогорудагы тыйуу салынгандай, тартипти бузган, эрежеден тышкаркы суроолор берилип калган болсо модераторлор тарабынан токтоосуз өчүрүлөт. Ага капа болбойсуздар!.

Кадырлуу «Көчмөндөр», Ааламтор (интернет) алкагында эң алгачкы кадам болуп жаткандыгына байланыштуу бул аракетибизде аздыр-көптүр жетишпеген, туура эмес кемчиликтер болуп калышы дагы толук мүмкүн. Ошондуктан андай кемчилик болуп кетсе аны да туура түшүнүү менен кабыл алыңыздар!?

  • Суроо бере бериш керекпи же кандай?
  • Асыран Айдаралиев Жок ээй Жаке, азыр эрте..
  • Салмон Найманов Жакшы иш чара экен жакты
  • Zamirbek Mamasharip Uulu Bazarbaev Каалаган суроону береберсек болот бекен?
  • Venera Rast Коомго эң керектүү нерсе. Ушундай болуп саясатчылар эл менен иштесе тез эле оңолобуз. Бизде алар өзүнчө бир республиканын ичиндеги республика болуп алышат эмеспи….. Асыран аба уйуштурганыңыз үчүн чоң рахмат.
  • Асыран Айдаралиев Кандай суроолор берилет, кандай багытта, эмне маселелердин көтөрүлөөрү тууралуу тактап маалымат беребиз Замке. Эң башкы маселе катары тилибизге, улуттук баалуулуктарыбызга байланышкан суроолорго көңүл бөлөлүк деп жатабыз..
  • Мирлан Мазеков Жакшы жөрөлгө,ойлонтуп бирок жоопсуз калып келген суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт экен.
    Асыран байке мындан ары дагы бир эле Эмилбек Каптагаев мырза менен чектелбестен, атайын он-лайн түз байланыш бурчун ачып койсок туура болчудай болуп турат ,Надира Нарматовага окшогон депутат ж.б жогорку кызматта иштеген, кызматкерлерда тартыла баштайт беле?
    Анан дагы бир өтүнүч “Кыргыз -көчү “мекенчилдер тобунун, жобоолорун дагы бир жарыялап койсоңуздар жакшы болот эле, жаңы кошулган жана кошула тургандарга маалымат катары.
  • Асыран Айдаралиев …………………………………………..
    Дал ошондой максат менен башталды биздин бул «КӨЧ БАЙЛАНЫШЫБЫЗ» Мирлан. Кыргыз ӨҢҮ_ нө өтүп алып, кыргызча жазып, “КӨЧМӨНДӨР” менен кызматташабыз деген аткаминерлерге жана депутаттарга каалгабыз ар дайым 
    ачык..
    “КЫРГЫЗ КӨЧҮ” МЕКЕНЧИЛДЕР ТОБУНУН ЖАРАЛУУ МАКСАТЫ ЖАНА КЫСКАЧА ЖОБОСУ.
    https://www.facebook.com/groups/238914039539175/doc/238916866205559/
  • Акбар Разыкулов Абдаан жакшы болду Асыран байке.Эмил Саламатович Кыргызстандын накта патриоту,кыргыз тили үчүн күйгөн-жүгүргөн инсандардан.Жөрөлгөңүз мыкты.Суроолорду камдай берели “көчмөндөр”!!!!
  • Асыран Айдаралиев Эмилбек мырзанын “Кыргыз Көчүнө” кызыгып, келип калышына сен бирден-бир себепкер болуптурсуң Акбар..
  • Атыргүл Закирова Бүгүн Эмилбек Саламатович менен Көч байланыш болоорун дагы бир жолу эске салуу менен бирге суроо-жооп, пикир алмашуу үчүн тизме түзүүнү сунуштап кетели деп турабыз..Себеби суроолор ар тараптан берилип алагды кылып оюду топтоого тоскоолдук кылышы мүмкүн, ошондуктан суроо берүүнү калоочулар болсо тизмеге жазылып анан бир суроонун жообу чыккан соң тизмедеги экинчи адам суроосун узата берсе, биз так, туура, толук кандуу маалымат ала алган болот элек, кандай дейсиздер?
  • Салмон Найманов Макул мен биринчи суроо узатсам болобу! Анда жалпы Кыргызстандын келечегине байланыштуу кайсыл жана кандай багыт менен Кыргыз мамлекетибиз онугуу жолунда келечекте муундар эмнени тутунуп максат кылып жашоосу шарт.Саламатович сиздин келечек жыйрма жылга карата коз карашыныз кандай,кайсыл ийгиликтерге жетишуубуз зарыл жалпы элибизге дем берип келечекк жашоого умтулткан ачык кандай идеяныз бар,прогресс тармагында маани берсениз!
  • Салмон Найманов Атыргул саламатсызбы!менин коментимди эске алып коюнуз сураныч!
  • Атыргүл Закирова Саламатсызбы Салмон, сөзсүз!)
  • Салмон Найманов Рахмат назар артканынызга Кыргыз бир тууганым!
  • Асыран Айдаралиев ……………………………..
    “Көч Байланышка” суроо бере турган “Көчмөндөрдүн” тизмеси: 
    1. Салмон НАЙМАНОВ. Бишкек.
    2. Атыргүл ЗАКИРОВА. Бишкек.
    3. Куба НУРМАМБЕТОВ. Бишкек.
    4. Элбек БАЗАРОВ. Ош.
    5. Мирлан МАЗЕКОВ. Сеул, Корея.
    6. Сатывалды САЙПИДИН уулу. Баткен.
    7. Айжаркын ЭРГЕШОВА. Бишкек.
    8. Айзат КАЛЫБЕКОВА. Бишкек.
    9. Эрик РАСТ. Австралия.
    10. Венера РАСТ. Австралия.
  • Атыргүл Закирова Мен тизме боюнча 2 орунду ээлесем болобу?)
  • Асыран Айдаралиев Болбой анан..
  • Атыргүл Закирова :)) Мен суроомду даярдай берейин анда, Салмон аганын суроосуна жооп келгенче..
  • Асыран Айдаралиев Эмилбек Саламатович туптуура 19-00 дө жооп бере баштаарын билгизген кат жөнөткөн. Ошондуктан суроолорду дайардай берсеңиздер болот. Суроону баракчанын башында турган бутака илиңиздер. Суроо-жооптор ошол бутакта болот. Урматтуу Салмон мырза, Сиз сурооңузду ошол бутака жазып койуңуз. Сиздин сурооңузга жооп жазылаары менен Атыргүл суроосун жазат.. Анан андан кийинки болуп кете берсин. Ошол туура болот го?. Суроо-жооп, суроо-жооп..
  • Куба Нурмамбетов Менин атым Кубанычбек Бишкектен. Урматтуу Эмилбек Саламатович, мына баарыбыз эле билебиз, ушул жылдын акырында Кыргызстан Бажы Союзуна кирүү маселеси чечилген. Толук кандуу ТС га кире турган болуп калдык окшойт. Эми Суроо? : Биз ушу ТС га киргенде Кыргызстандын эли жана Өлкөсү үчүн, кандай пайдалар каралган? пайдасынанда зыяны көбүрөөк дегендерди угуп жатабыз, эгер андай болсо кандай пайда жана зыяндары бар? ушуларга токтоло кетсеңиз. Мына мындан 2-3 күн мурун эле Казахстандык эксперттер келип, Бажы Союзунун көп деле зарыл кереги жок экендигин айтышып, ТС га киргенден көрө кирбей эле койгон жакшы деген өз тажрыйбаларынан бөлүшүп, анын плюс жана минустарын айтып кетиштеле. Алардын айтымы боюнча, ТС га киргенде Импорт, Экспортторго болгон салыктар көбөйүп, сырттан келген товарларга болуп көрбөгөндөй баасы өсөт дегендей кыйытып кетишти. Деги бизге Кыргызстанга ушунун кереги барбы?, ушуга болгон көз карашыңызды кененирээк калтырып кетсеңиз. Алдын ала рахмат…
  • Атыргүл Закирова :)) Кубан байкееее…бовойт мындай!!! Мен бармын го кезекте…же сиз Салмон агадан кийин тапичкеңизди чечип тизип койдуңуз беле?
  • Куба Нурмамбетов  Атыркаа сенден кийин менда
  • Асыран Айдаралиев Куке, Атыр кыздын суроосуна жооп жазылаары менен бересиң, жарайбы?.
  • Куба Нурмамбетов Асыке, дал ошол убакта мен боломбу же болбоймбу фейсте ошону билалбай жатам, эгер мен жок болуп калсам сиздер ушул суроону бере аласыздарбы?
  • Асыран Айдаралиев Мен суроо берем деп койсоң эле болмок, тизмеден орун алып. Атырды коркутуп жибердиң да бала..
  • Асыран Айдаралиев Аа, ооба анда, жок болуп калсаң кезегиң келээри менен бере салабыз..
  • Куба Нурмамбетов Кезегимди Атыркадан кийин эле калтырбагыла, Асыке
  • Эльбек Базаров Мени да тизмеге киргизип койгула! Менин Эмилбек агайга суроом мындай— “ТИЛ” маселеси.Кандай чаралар көрүлүп атат.Тил комиссиясы кандай иштерди жасап жатат? Дегеле тилди которгондор бир жактуу которсо болобу? Акча бөлүнгөнбү? котормочуларга? бир мисал Казакстанда Астанада болдум,баары казакча жазылып турат,ал гана эмес кайтарган күзөтчүлөрүнүн кийиминин аркасында “кузет”деген жазуу бар экен.Биздикилерди “охрана”.Эми айта берсе мисалдар көп.Көрнөк-жарнактарды кыргызча жазса болбойбу? Бишкеке келген чет өлкөлүк туристер ойлосо керек,бир орустун шаарына келдикпи деп! Алдын ала рахмат.
  •  Асыран Айдаралиев Жарайт Элбек!. 4-кезекте болдуңуз.. Бул суроону анан байланыш башталгандабер тигил бутактан, ирээти менен кетсин..
  • Мирлан Мазеков Салам алейкум “Кыргыз -көчү “мекенчилдер тобундагы кандаштар.
    Мен да элден кем калбай үн катып койоюн.
    Саламатсызбы Эмилбек Саламатович.
    Жакында эле Билим берүү жана илим министирлигинин, жалпы республикалык тестирлөөгө өзбек тилинда кошуусу биртоп талаш -тартышты жаратты коомчулукта, мен да “Кыргыз -көчү “мекенчилдер тобуна суроо салып, сизда талкууга ой-пикир кошконуңузду билем.
    Тилеке каршы ал жерден аргументтүү эч кандай жыйынтык сөз чыккан жок ,талкуу бираз башка жака ооп кеткен эле, мен сизге суроо узатып өзүмө жана коомчулуктагы эки анжы ойго так аргументер менен жооп берип койуңузду өтүнөм. 
    суроо: Бүгүнкү жалпы республикалык тестирлөөгө өзбек тилин кошуунун канчалык зарылдыгы бар?
    Чоң рахмат.
  • Сатывалды Сайпидин Уулу Ассалому алейкум. Мени да тизмеге илип коюңуздарчы Асыке, суроо берип калайын. Маданияты оңолбой мамлекет өнүгө алабы? Кыргыз тилибизди босогодон төргө өткөрүү үчүн кандай иш-аракеттер керек?
  • Асыран Айдаралиев Оо жарайт Сатыке! Тизмеде 6-орундасыз..
  • Айжаркын Эргешова Мени да бир орун таап илип коюңузчу Асыран байке, илингим келип жатат…
  • Асыран Айдаралиев Жарайт Айжаркын, 7-орундасыз. Сатыкенин жообу жазылаары менен бере салыңыз..
  • Айжаркын Эргешова Жети саны туш келгенин караңызчы, демек мен жетиге илиниптирмин да ээ..
  • Айжаркын Эргешова Асыран агай, мен Эмил Каптагаев мырза менен маек башталган учурда сайтта боло албай калчудаймын, суроомду азыр эле таштап коёюн, оор келбесе “Көчтүн” азаматтары жигиттик кылып узатып койсо. Кандай дейсиз?
  • Эльбек Базаров Эмилбек агай менен маек башталганда,кайрадан жазып, кайрадан суроо беребизби? түшүндүрмө берип койгулачы? сураныч.
  • Асыран Айдаралиев Анда ошентсең болот Айжаркын. Сурооңду бул жака илип кой.
  • Айжаркын Эргешова Эмилбек Саламатович, саламатсызбы? Эсиңиздеби, бир кезде биздин гезитке интервью берип жатып, “Азыркы душман илгеркидей жоо жарагын көтөрүп ачык келбей, дипломат көтөрүп, самолет менен учуп байкатпай келип, билинбей коюнга кирет” деген элеңиз. Ошондон улам “Өздөн чыккан жат жаман” дегендей биздин тил сыйлабаган өзөк өрттөөрлөрүбүздү кантсе болот, сиз жардам бере албайсызбы, деги сиз кайсыныса киресиз, самолет менен келгенгеби, же өздөн чыккандаргабы?” дегим келди. Балким, мен билбеген үчүнчү топто чыгаарсыз? Анткени, мен сизди эч бир топтон көрө албай жатам. Сизден көптү күткөн элек…
  • Асыран Айдаралиев Элбек, ушул эле сурооңду башталганда тиги байланыш болуп жаткан бутака берип койосуң, кезегиң келээри менен..
  • Эмилбек Каптагаев Сатывалды Сайпидин Уулу: Ассалому алейкум. Мени да тизмеге илип коюңуздарчы Асыке, суроо берип калайын. Маданияты оңолбой мамлекет өнүгө алабы? Кыргыз тилибизди босогодон төргө өткөрүү үчүн кандай иш-аракеттер керек? Жооп: Маданият өнүкпөй, маданий өзгөчөлүктү сактабай мамлекет өнүгө албайт. Мисалы, туризм өнүгүшү үчүн сөзсүз маданий өзгөчөлүк болушу керек, башка эл негизинен тарыхый, маданий эстеликтерди көрүүгө келет, жергиликтүү элдин маданиятына кызыгышат. Кыргыз тилин босогодон төргө өткөрүү үчүн биринчи кезекте өзүбүз, кыргыздар тилди урматтап, аздектеп пайдаланышыбыз керек, өз ара эне тилибизде сүйлөшүбуз керек. Тилибиздин азыркы авалынын орчундуу себептеринин бири биздин саясий, экономикалык, илимий-техникалык жана коомдук элитабыз орус тилдүу болгондугу, биринчи кезекте ошолор кыргыз тилинде жаза да, сүйлөй да албагандыгы.
  • Эмилбек Каптагаев Салмон Найманов Макул мен биринчи суроо узатсам болобу! Анда жалпы Кыргызстандын келечегине байланыштуу кайсыл жана кандай багыт менен Кыргыз мамлекетибиз онугуу жолунда келечекте муундар эмнени тутунуп максат кылып жашоосу шарт.Саламатович сиздин келечек жыйрма жылга карата коз карашыныз кандай,кайсыл ийгиликтерге жетишуубуз зарыл жалпы элибизге дем берип келечекк жашоого умтулткан ачык кандай идеяныз бар,прогресс тармагында маани берсениз!
  • Асыран Айдаралиев Эмил мырза, суроо тиги бутакта, башында..
  • Асыран Айдаралиев Өйдөкү биринчи бутака жооп жазыңызчы Эмил мырза..
  • Эмилбек Каптагаев Жооп: Менин жеке оюм ар бир кыргыз жараны Кыргыз мамлекеттүүлүгүн туу тутуп жашашы керек, анткени мамлекеттүүлүк бул улуттун сакталып калышынын жана туруктуу өнүгушүнүн зарыл шарты. “Манас” эпосунун өзөктүу идеясы деле ушул – өз алдынчалык, азыркы сөз менен айтканда эгемендүү мамлекеттүүлүк, анын негизи болгон – биримдик.
  • Эмилбек Каптагаев Менин атым Кубанычбек Бишкектен. Урматтуу Эмилбек Саламатович, мына баарыбыз эле билебиз, ушул жылдын акырында Кыргызстан Бажы Союзуна кирүү маселеси чечилген. Толук кандуу ТС га кире турган болуп калдык окшойт. Эми Суроо? : Биз ушу ТС га киргенде Кыргызстандын эли жана Өлкөсү үчүн, кандай пайдалар каралган? пайдасынанда зыяны көбүрөөк дегендерди угуп жатабыз, эгер андай болсо кандай пайда жана зыяндары бар? ушуларга токтоло кетсеңиз. Мына мындан 2-3 күн мурун эле Казахстандык эксперттер келип, Бажы Союзунун көп деле зарыл кереги жок экендигин айтышып, ТС га киргенден көрө кирбей эле койгон жакшы деген өз тажрыйбаларынан бөлүшүп, анын плюс жана минустарын айтып кетиштеле. Алардын айтымы боюнча, ТС га киргенде Импорт, Экспортторго болгон салыктар көбөйүп, сырттан келген товарларга болуп көрбөгөндөй баасы өсөт дегендей кыйытып кетишти. Деги бизге Кыргызстанга ушунун кереги барбы?, ушуга болгон көз карашыңызды кененирээк калтырып кетсеңиз. Алдын ала рахмат… ЖООП: Экономикалык өнүгүүдө негизги маселе РЫНОК, товар өндүрүу эмес аны сатуу. Бизде ички рыноктун сыйымдуулугу өтө кичине, мисалы Кытай, ички рыноктун эсебинен эле өнүгүу потенциалына ээ болуп жатпайбы. Бажы союзу ошол ички рынокту кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк ачып жатат да, ошондуктан бизге сөзсүз пайда алып келет деп ишенем. Ар кандай эксперттер ар кандай ой айта беришет. Казактардын ошондой ойду айткан эксперттери Назарбаевге оппозиция маанайында болушу керек эле, калп айтпасам.
  • Эмилбек Каптагаев Эльбек Базаров: Мени да тизмеге киргизип койгула! Менин Эмилбек агайга суроом мындай— “ТИЛ” маселеси.Кандай чаралар көрүлүп атат.Тил комиссиясы кандай иштерди жасап жатат? Дегеле тилди которгондор бир жактуу которсо болобу? Акча бөлүнгөнбү? котормочуларга? бир мисал Казакстанда Астанада болдум,баары казакча жазылып турат,ал гана эмес кайтарган күзөтчүлөрүнүн кийиминин аркасында “кузет”деген жазуу бар экен.Биздикилерди “охрана”.Эми айта берсе мисалдар көп.Көрнөк-жарнактарды кыргызча жазса болбойбу? Бишкеке келген чет өлкөлүк туристер ойлосо керек,бир орустун шаарына келдикпи деп! Алдын ала рахмат. ЖООП: Көрнөк-жарнактардын нукура кыргыз тилинде болушун камсыз кылуу бир топ эле машакаттуу иш экен. Мамлекеттик тил комиссиясы бул багытта бир топ эле аракеттерди кылып келе жатат. Акыркы кезде мыйзам чегинде да тескөө коюу аракетин байкап жатсаңар керек. Атайын айып салуу сыяктуу механизмдерди да сунуштап жатышат. Бирок, дагы бир орчундуу маселе, ошол эле кыргыз тилин кыйын билем дегендердин ортосунда, котормочулардын ортосунда да талаш көп, биринин айтканын экинчиси жактырбайт дегендей. Ушул жердеги эле котормо боюнча талаш тартыш көрсөтүп жатпайбы аны. Терминдер боюнча комиссиянын ишин кайрадан жөнгө коюу маселеси да азыр күн тартибинде болуп турат. Аткара турган иш көп….жабыла аракет кылалы….
  • Салмон Найманов Саламатович менин суроома ачык жооп жазбадыныз канаатырган жок.сиз устуртон туюк айтканыныз ал сизге гана сыры маалым тушунтуруп кайра анык жооп берсениз.катуу кетсем кечиресиз.Кыргыз элибиздин онугуу багыты бизди кызыктырат антпесе кинодогудай Белгисиз маршрут болуп атат.келечек келечек жана келечек!
  • Эмилбек Каптагаев Мирлан Мазеков :Салам алейкум “Кыргыз -көчү “мекенчилдер тобундагы кандаштар.
    Мен да элден кем калбай үн катып койоюн.
    Саламатсызбы Эмилбек Саламатович.
    Жакында эле Билим берүү жана илим министирлигинин, жалпы республикалык тестирлөөгө өзбек тилинда кошуусу биртоп талаш -тартышты жаратты коомчулукта, мен да “Кыргыз -көчү “мекенчилдер тобуна суроо салып, сизда талкууга ой-пикир кошконуңузду билем.
    Тилеке каршы ал жерден аргументтүү эч кандай жыйынтык сөз чыккан жок ,талкуу бираз башка жака ооп кеткен эле, мен сизге суроо узатып өзүмө жана коомчулуктагы эки анжы ойго так аргументер менен жооп берип койуңузду өтүнөм. 
    суроо: Бүгүнкү жалпы республикалык тестирлөөгө өзбек тилин кошуунун канчалык зарылдыгы бар?
    Чоң рахмат. ЖООП: Кыргыз мамлекети башка мамлекеттер сыяктуу эле бир топ Эл аралык келишимдерге кол койгон, алардын ичинде улуттук азчылыктардын укуктарын камсыз кылуу боюнча да документтер бар. Азыркы эл аралык коомчулукта бул маселелер бир топ эле катуу каралат. Мына ошол докменттерге ылайык жамааташып жашап келе жаткан арбир этникалык топ өз эне тилинде билим алуу укугуна ээ. Бул жагдайды туура эме деп айтууга эч кандай негиз жок. Башка мамлекеттерде, мисалы Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайда жашап жаткан кыргыздар да ошондой укуктардан пайдаланып жатышат, кыргыз тилинде мектептерди ачып балдарын окутуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Ал эми биздеги өзбек тилдүү мектептин саны жүздөн ашуун, бир нече жүз миң бала окуйт. Он бир жыл өзбек тилинде окуп билим алган окуучуну кыргы тилинде же орус тилинде ТЕСТ тапшыр деп зордуктоонун өзү туура эмес. Мындай позиция этникалык жактан басмырлоо, алардын укугун чектөө катары каралат.
  • Асыран Айдаралиев Сатывалды Сайпидин Уулу.
    Ассалому алейкум. Мени да тизмеге илип коюңуздарчы Асыке, суроо берип калайын. Маданияты оңолбой мамлекет өнүгө алабы? Кыргыз тилибизди босогодон төргө өткөрүү үчүн кандай иш-аракеттер керек?
  • Эмилбек Каптагаев Айжаркын Эргешова : Эмилбек Саламатович, саламатсызбы? Эсиңиздеби, бир кезде биздин гезитке интервью берип жатып, “Азыркы душман илгеркидей жоо жарагын көтөрүп ачык келбей, дипломат көтөрүп, самолет менен учуп байкатпай келип, билинбей коюнга кирет” деген элеңиз. Ошондон улам “Өздөн чыккан жат жаман” дегендей биздин тил сыйлабаган өзөк өрттөөрлөрүбүздү кантсе болот, сиз жардам бере албайсызбы, деги сиз кайсыныса киресиз, самолет менен келгенгеби, же өздөн чыккандаргабы?” дегим келди. Балким, мен билбеген үчүнчү топто чыгаарсыз? Анткени, мен сизди эч бир топтон көрө албай жатам. Сизден көптү күткөн элек… ЖООП: Айжаркыр, мени душман катары көрүүгө кандай себептерин бар, кандай жүйөөлөр бар???? Ачык эле жазбайсыңбы, капа деле болбойм.
  • Эмилбек Каптагаев Ал эми үмүтүңөрдү актай албай жатканым чын болушу мүмкүн, анын себептери боюнча да узун алым-сабак маек курсак болот, баары эле шуруга тизгендей кетпейт экен бул жашоодо, бири кем дүнүйө дегендей….
  • Venera Rast Саламатсызбы Эмилбек Мырза? Менин аттым Венера Раст, азыр Авсралияда жашайм: менин сизге суроом . Кыргыз- Өзбек элинин ортосундагы кагылышуудан кийин, ошондой кагылышууну кайталанбасы үчүн жана алдын алыш үчүн кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат? Алдын ала чоң раазычылыгымды билдирем.
  • Салмон Найманов Каптагаев Эмилбек Саламатович сизден келечек,багыт,мамлекеттик онугуу жана умут маселелерине кенен жооп жазуунузду кутобуз
  • Эмилбек Каптагаев Венера Растка жооп: Расмий жагын айтсам жакында атайын Концепция кабыл алынды, атайын Агенттик түзүлдү ушул маселе боюнча – этнос аралык мамилелерди жакшыртуу деп. 1990-жылы, 2010-жылы жыйырма жылдын ичинде эки жолу ушундай кандуу окуя болуп кетиши маселенин тамыры терең экендигин, бул жерде жөн эле “ынтымактуу жашайлы” дей бергенден анча деле пайда жок экендигин ырастады. Азыр ошол тамырларды, алардын ичинде тарыхый тамырлар, маданий тамырлар, социалдык жана экономикалык тамырлар терең иликтенип жатат, Президент ошон үчүн мени да атайын Кеңешчи кылып дайындады да….Даяр рецепт жок…
  • Мирлан Мазеков Кошумча суроо:
    Кыргыз тилибиз мамлекеттик тил.
    Орус тилибиз расмий тил 
    А өзбек тили кандай статуска ээ болот анда?
  • Эльбек Базаров Эмилбек агай жообуңузга рахмат, толук жооп бербепсиз! Коркпой-үркпой эле, тил маселин көтөрүп, неге чечкиндүү боло албайсыңар? Башка улуттар капа болот деп дагы 50жыл күтөйлүбү! Кыргызстандын негизги,түпкү тамыры “Кыргыз”дар. Башка улуттар баары кыргыздарды сыйлаш керек деп.Ошон үчүн анан башка улуттар кутуруп жатпайбы!!! Согуш да тилден чыгат.Эгерде менин тилимде ,ырдап,сүйлөп жатса кантип,сыйлабайлы ал улутту.
  • Эмилбек Каптагаев Салмон Найманов:Каптагаев Эмилбек Саламатович сизден келечек,багыт,мамлекеттик онугуу жана умут маселелерине кенен жооп жазуунузду кутобуз. ЖООП: Кыргызстан өнүкпөй калбайт, өнүкпөй калууга аракет кылса да өнүгө берет, акырындап болсо дагы, таптакыр жакыр болуп калбайбыз. Буга бир топ себептер бар. Биринчиден, Кудай бизге табигый ресурстарды аябай эле берген, жер-суу, кен байлык бар, суусу мүрөк, топурагы алтын. Жерибизди эле алалычы, куураган жыгач сайсаң да өсөт. Суу байлыгыбызды айтпай эле койолу. Экинчиден, бир жагыбызда Кытай турат, экинчи жагыбызда Россия, анан Казакстан бар, Өзбекстан бар. Алардын баары өнүгүп бара жатат, потенциалдары өтө зор. Ортосундагы биздей кичине мамлекет айла жок ошолордун артынан ээрчийт, өнүгөт. Бирок кеп анда эмес. Ошол өнүгүү кандай темп менен болот, өнүгүу жолунда улуттук кызыкчылыктар кандай сакталат, улут улут болуп калабы же маргиналдашып, эптеп курсак тойсо болду деген көрпенделердин жыйындысы болуп калабызбы? Мына ушул суроолор маанилүү. Биз мойнунан байланган иттей болуп алардын артында сүйрөлбөй, тескерисинче, алардан бир кадам болсо да озуп жүрүп отургандай стратения ойлоп табуубуз зарыл. Мисалы, 1993-жылы улуттук валюта СОМду киргизгенде биз бир кадам эмес, бир топ кадам алга озуп, кичинекей
  • Эмилбек Каптагаев экономикабызды кыйроодон сактап калганбыз.
  • Салмон Найманов Асыран Айдаралиев мырза”Бычак берсен сындап бер,сындап берсен,кындап бер”!
  • Эмилбек Каптагаев Салмон Найманов: Каптагаев Эмилбек Саламатович сизден келечек,багыт,мамлекеттик онугуу жана умут маселелерине кенен жооп жазуунузду кутобуз. ЖООП: Бул маселени статуска байлоо туура эмес. Өзүңөр деле эмоцияны алып таштап, калыстык менен, адилеттик менен ой жүгүртүп көргүлө да. Ошол эле Кытайда же Өзбекстанда жашаган кыргыздарга ушундай зордук болуп жатса эмне деп айтат элек? Сөзсүз сөгүнмөкпуз, туурабы?
  • Эмилбек Каптагаев Эльбек Базаров: Эмилбек агай жообуңузга рахмат, толук жооп бербепсиз! Коркпой-үркпой эле, тил маселин көтөрүп, неге чечкиндүү боло албайсыңар? Башка улуттар капа болот деп дагы 50жыл күтөйлүбү! Кыргызстандын негизги,түпкү тамыры “Кыргыз”дар. Башка улуттар баары кыргыздарды сыйлаш керек деп.Ошон үчүн анан башка улуттар кутуруп жатпайбы!!! Согуш да тилден чыгат.Эгерде менин тилимде ,ырдап,сүйлөп жатса кантип,сыйлабайлы ал улутту. ЖООП: Башка улуттар кыргыздарды сыйлаш үчүн адегенде КЫРГЫЗДАР өзүн өзү сыйлаганды үйрөнгөнү абзел го дейм. Кыргыз тилин эмдигиче силер айткандай “босогодо кармап” келгендер башка улуттун өкулдөрү эмес да, өзүбүздүн эле кыргыздар, “даяр эмеспиз”, “шарт жок” деген сыяктуу дүжүр шылтоолорго жамынып отурушат азыр деле….
  • Erich Rast Мен аттым Эрик Раст Канаданын жаранымын жолдошум Кыргыздын кызы жана Кыргызстанда 3-жыл иштегем.Ошондон бери Кыргызстанды жактырып жана сүйүп келем. Өзгөчө сөз менен айтып түгөткүс кооз тоолоруңар бар.Мен жаңы барганда өтө өкүнүчтүүсү Кыргыз тили экинчи орунда тургандай сезилген.Менин сизге суроом: Кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана кеңири колдонууга эмне тоскоолдук кылып жатат? Алдын ала убактыңызды бөлгөнүңүзгө жана жообуңузга рахмат.
  • Болот Жүсүп Эмил мырза, орус тилдүү материалдарда колдонулуп жүргөн “русскоговорящее население Кыргызстана” деген жалпылоо/бириктирүүгө сиз кандай карайсыз? Бул канчалык денгээлде туура?
  • Эмилбек Каптагаев Салмон Найманов: Саламатович менин суроома ачык жооп жазбадыныз канаатырган жок.сиз устуртон туюк айтканыныз ал сизге гана сыры маалым тушунтуруп кайра анык жооп берсениз.катуу кетсем кечиресиз.Кыргыз элибиздин онугуу багыты бизди кызыктырат антпесе кинодогудай Белгисиз маршрут болуп атат.келечек келечек жана келечек! ЖООП: Аксакалдар айтчу эле, ар бир жигит үч нерсени бекем тутунса эч жаңылбайт деп. Алар МЕКЕН, ДИН, УЛУТ. Жаштарга менин айтарым деле ушул.
  • Эльбек Базаров Өзүн Кыргыз деген атуулдарга үйрөтүштун деле кереги жок, Эне -Тилин сыйлабаган адамдан жакшылык күтүп деле болбойт. Башка өлкөдөгү кандаштарыбыз,канча кыйынчылык болсо айтышпайт бизге,себеби алар башка мамлекет,биз кийлигише албайбыз.Гуманист болуштун да чеги бар,башка мамлекеттерге караганда биздин өлкөдө кутуруп эле жүрүшөт.Тетирисинче Кыргыздарды,басмырлап,мазактап.Өз агасын агалай албаган бирөөнүн агасын сагалайт дегендей,жаманбы-жакшыбы Кыргызга Кыргыздан башка бир да улут күйбөйт.
  • Venera Rast Эмилбек Мырза менимче андай күч колдонгондун деле кажети жок го деп ойлойм. Башка мамлекеттердей кылып биздин мамлекетте Кыргыз тилисиз эч нерсе кыла албагандай кылсак мисалы жумуш, окууга кабыл албагандай система түзсөк башка улуттур үйрөнбөгөнгө айласы жок болот эле. Менин сизге суроом ушундай система түзө алабызбы?
  • Эмилбек Каптагаев Erich Rast Мен аттым Эрик Раст Канаданын жаранымын жолдошум Кыргыздын кызы жана Кыргызстанда 3-жыл иштегем.Ошондон бери Кыргызстанды жактырып жана сүйүп келем. Өзгөчө сөз менен айтып түгөткүс кооз тоолоруңар бар.Мен жаңы барганда өтө өкүнүчтүүсү Кыргыз тили экинчи орунда тургандай сезилген.Менин сизге суроом: Кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана кеңири колдонууга эмне тоскоолдук кылып жатат? Алдын ала убактыңызды бөлгөнүңүзгө жана жообуңузга рахмат.ЖООП: Ыракмат Эрик мырза, кыргыздар үчүн күйүп жатканыңызга. Кыргыз тилинин азыркы авалы боюнча мен жогоруда да айттым, менин жеке ойум боюнча Улуттук элита орус тилдүү болуп жатканы абдан эле кедергисин тийгизип жатат. Алар өздөрүнүн ыңгайына жараша 2003-жылы орус тилин расмий деп киргизип алышты, азыр деле өздөрүнүн ыңгайына жараша бардык ишти орус тилинде аткарып жатышат. Мындан эки жыл мурда Роза Исаковна айтты эле, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курултайында, тил маселесин чечүүнүн башкы жолу мектепке чейинки тарбия жана баштапкы билим берүу кыргыз тилинде болушу керек деп. Абдан туура ой. Кичинесинде кыргыз тилинде тарбия көрбөгөн бала чоңойгондо жеткиликтүу үйрөнүп кете албайт, чоочун тил болуп калат. Ошондой эле кичинесинде кыргызча тарбия көргөн башка улуттун балдарына да кыргыз тили өз эне тилиндей эле болуп калат. Мисалы Александр Костюк менен Юрий Бобковду карагылачы, кыргыздардан таза сүйлөшөт.
  • Салмон Найманов Эмилбек мырза менин суроомо туура эмес тушундунуз.Кыргызстанда жашаган ар бир жаран улутунан айырмаланбай келечеке жыйрма жыл алдын ала мамлекетибиздин онугуу багытына байланып умут менен жашоо камын коруп ошого жараша оз план проектилерин оз алдынча камдануу зарыл.бул деген жалпы элибиздин умуту,максаты жана коопсуз жашоосун ондогон жылдарга пландаштыруу деген маселе.Артыбыздан келечек муундар осуп келе жатышат.бугун беш милион болсок жыйрма жылда он милион болобуз буйурса·Мисалы;союз кезинде биз комунизмди курабыз деген ураан менен,келечек умут менен элдер балдарына тарбия беришип очок кызытып уй жай курушкан.азыр элибизге кандай умут бере аласыздар кеп маселе мына ушунда.Океанда болсо корабльда озунчо багыты болот
  • Эмилбек Каптагаев Кыргыз тилине карата менин позициям акыркы отуз жылдан бери өзгоргөн жок. Менин жеке баракчамда кыстарылып турган макаламды деле окум чыккыла, ошол СССР маалында деле чыркырап жүрдүк, ал кезде отуздун кырындагы жаш жигит элек курч…
  • Эльбек Базаров Эгерде сизди тилди көтөрүп,чыксаңыз, улутчул деп сизди басмырласа мен ак үйдүн алдына барып,жатып алам,сизди коргоп.Себеби сизди эл тааныйт,бизди тааныбайт.Урпактарыбызга бир жакшы нерсени калтырып, кетейли. кийин сизди жакшы жактарыңызды эстеп жүрө тургандай бололу.Сөз менен эле калбай иш жүзүндө далилдейли!
  • Мирлан Мазеков Ушул суроого жооп берилбеди:
    Кыргыз тилибиз мамлекеттик тил.
    Орус тилибиз расмий тил 
    А өзбек тили кандай статуска ээ болот анда?
  • Эльбек Базаров Жооп жок ал суроого,өзбектер капа болуп,газ бербей койушу мүмкүн.
  • Эмилбек Каптагаев Салмон Наймановго ЖООП: Кечирим сурайм, туура эмес түшүнүп жатсам. ҮМҮТ маселеси абдан эле оор маселе азыр. Кыргызстанда эмне үчүн эки жолу революция болуп кетти, эмне үчүн эки жолу эл толкуп чыкты? Менин ойумча башкы себеп – бул ошол ҮМҮТ үзүлгөнү. Акаевдин заманында дагы, Бакиевдин заманында дагы коомдун бардык катмарынын үмүттөрү үзүлүүгө дуушар болду, саясатчынын да, бизнесмендин да, дагы башка тармакта иштеген адамдын да тагдырын бир үйбүлөө чечип калганы, келечекке карай эч кандай ишеним болбой калганы элдин толкундоосуна алып келди. Азыр сен айткандаай ЧОҢ ҮМҮТ жаратыштан илгери коомдо Мамлекетке, Мамлекеттик бийликке карата ИШЕНИМ жаратуу зарыл, азыр эч ким эч кимге ишенбейт, айрыкча БИЙЛИККЕ ишеним дээрлик жок, бул жашыруун деле сыр эмес. Акаевдин да, Бакиевдин дагы МАМЛЕКЕТ алдында, Кыргыз эли алдында жасаган эң оор кылмышы ушул, ИШЕНИМДИ жок кылышканы. Бул кылмыштын алдында алардын жеп-ичкендери шоона эшпей калат. Азыркы бийлик, андан кийин келе турган бийлик таза иштеп, алгылыктуу иштерди аткарып, бир аз да болсо өнүгүү жолуна баш уруп калсак гана ошол ИШЕНИМдин уюткусу пайда болот деп ойлойм
  • Venera Rast Менимче баарыбыз эле тилибизди өнүктүрөлу деп жан талашып жаткан сыяктуубуз, сиздин дагы оюңуз ошондой экен. Эмнеге баарыбыз биригип колубуздан келишинче жардам берсек жана чогу аракет кылсак болобосун. Көп түкүрсө көл болот деп бекер айтылбаса керек.
  • Эмилбек Каптагаев Туура айтасын Венера, маселелердин туура жана так чечилиши үчүн УЛУТТУК КОНСОЛИДАЦИЯ керек, негизги маселелер боюнча жалпы улуттук мунаса керек…
  • Venera Rast Баарыбыздын башыбызды кошуп бир чечимге келсек анан жогорку элитадан талап коюшубуз керек. Мына Асыран,Жаныбек Мырзалар жана Атыркүл ушул тил маселеси үчүн канчадан бери чыркырап келе жатышат.
  • Эльбек Базаров Билбейм айланайын, биздин атка минерлердин арасынан саналуу эле адамдар бар ,У.Аманбаева,К.Абдиев,Ж.Жолдошева,Т.Бакир уулу ж.б.Кыргыз тилине күйгөндөр,калгандары оозуна талкан салып эле отурушат.Не кылат алар баштарын оорутуп,көнүп калган орус тилинде эле сүйлөгөн жакшы.Мырктар деп маскарлап койуп.
  • Болот Жүсүп Эмил агай, менин биринчи суроом: Орус тилдүү материалдарда колдонулуп жүргөн “русскоязычное население Кыргызстана” деген жалпылоо/бириктирүүгө сиз кандай карайсыз? Бул канчалык денгээлде туура? Экинчи суроом: түрк билим берүү мекемелеринин (Себат, Сема, Ата-Түрк ж.б.) идеологиялык өңүтүн иликтеп көрдүңүздөрбү? Алардан кооптонууга негиз жокпу? Жообуңузга алдына ала ыракмат!
  • Эмилбек Каптагаев Мирлан Мазеков :Ушул суроого жооп берилбеди:
    Кыргыз тилибиз мамлекеттик тил.
    Орус тилибиз расмий тил 
    А өзбек тили кандай статуска ээ болот анда? ЖООП: Бул суроого жооп бердим эле, башка суроого кошулуп кетиптир. Бул маселени статуска байлоо туура эмес. Өзүңөр деле эмоцияны алып таштап, калыстык менен, адилеттик менен ой жүгүртүп көргүлө да. Ошол эле Кытайда же Өзбекстанда жашаган кыргыздарга ушундай зордук болуп жатса эмне деп айтат элек? Сөзсүз сөгүнмөкпуз, туурабы?
  • Салмон Найманов Тушунуктуу.Атин байагы эле куурчакчылар жалан гана куурчактарды улам уч ирет алмаштырып ордун жанылап оз сахналарында жаны куурчактарды ойнотушууда, бирок сенарийлери жыйма уч жылда дагын озгорбогон
  • Эльбек Базаров Өзбекстандагы кыргыздардын аты эле “кыргыз” Өңдөрү,тили алда качан эле бурулуп,кеткен.
  • Venera Rast Эмилбек Мырза эми мындан кийин биз баарыбыз эмне кылсак болот кантип биригебиз. Бизден, Кыргыз тилин колдогон элден эмне жардам керек?
  • Мирлан Мазеков Биз көп улуттуу өлкө болуп жүрөбүз бирок өзөгү Кыргыздар биз да .
    ошол улуттардын башын бириктирип баарын бир тең салмакта кармап туруш үчүн бир гана мамлекеттик тилди колдонушубуз керек деп ойлойм, жылкыбызга карап ышкырганыбыз жакшы го?
  • Эмилбек Каптагаев Эльбек Базаров: Эгерде сизди тилди көтөрүп,чыксаңыз, улутчул деп сизди басмырласа мен ак үйдүн алдына барып,жатып алам,сизди коргоп.Себеби сизди эл тааныйт,бизди тааныбайт.Урпактарыбызга бир жакшы нерсени калтырып, кетейли. кийин сизди жакшы жактарыңызды эстеп жүрө тургандай бололу.Сөз менен эле калбай иш жүзүндө далилдейли! ЖООП: Улутчул деген жарлыктан мен коркпойм. Мындан сегиз жыл мурад ошол УЛУТЧУЛ деген сөзгө элдин кулагы көнсүн, улутчул деп коркуп-үрккөндөн коом арылсын деген максатта “УЛУУ БИРИМДИК” улутчул-демократиялык партиясын негиздеген элек, УЛУТЧУЛ дегенди коркпой эле жазып. Андан бери бир топ заман өттү, макатыбызга кандайдыр бир деңгээлде жетиштик окшойт, МЕН УЛУТЧУЛМУН дегендер көбөйдү. Бирок, улутчулдуккту да туура аныктоо зарыл. Улутчулмун деп эле башка улуттун өкүлдөрүнө ызырына берүу улутчулдук эмес. Улутчулдук деген биринчи кезекте УЛУТКА кедергиси тийе турган, анын келечегине балта чаба турган, сакталышына жана өнүгушүнө тоскоол боло турган нерселерден алыс болуу, андай кадамдарга барбоо…. Бардык нерсеге УЛУТ Кызыкчылыгы деген чен менен кароо керек, бүгүн же эртең эмес, мындан элү жыл же жүз кылдан кийин кандай болот деп ойлонуу зарыл дейм….
  • Эмилбек Каптагаев Мирлан Мазеков: Биз көп улуттуу өлкө болуп жүрөбүз бирок өзөгү Кыргыздар биз да  ошол улуттардын башын бириктирип баарын бир тең салмакта кармап туруш үчүн бир гана мамлекеттик тилди колдонушубуз керек деп ойлойм, жылкыбызга карап ышкырганыбыз жакшы го? ЖООП: Туура, бир эле тил болгону туура болмок. Бирок убагында саясий сокурлук кылып ушундай чечим чыгарып алдык, болгодо дагы Мамлекеттик тил боюнча мыйзам кабыл алынганына 14 жыл, Эгемендүу Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынганына 10 жыл толгондон кийин Расмий тил дегенди Референдум менен кабыл алдык. Азыр болсо Расмий тилге карата айтылган оюбузду Эл аралык саясат кылып жиберип жатышпайбы, этек жеңден жулмалап…
  • Асыран Айдаралиев ……………………………………
    ► Болот Жүсүп.
    Эмил агай, менин биринчи суроом: Орус тилдүү материалдарда колдонулуп жүргөн “русскоговорящее население Кыргызстана” деген жалпылоо/бириктирүүгө сиз кандай карайсыз? Бул канчалык денгээлде туура? Экинчи суроом: түрк билим берүү мекемелеринин (Себат, Сема, Ата-Түрк ж.б.) идеологиялык өңүтүн иликтеп көрдүңүздөрбү? Алардан кооптонууга негиз жокпу? Жообуңузга алдына ала ыракмат!◄
  • Эльбек Базаров Анда менден сизге суроо,неге Озбекстанда,Казакстанда, биздин Оштогу окуядай болуп, башка улуттар бизге “кыргыз”дарга ок атышпайт.Ал жакта бир эле тил бар.
  • Venera Rast Мен Орус тилинин расмий тил болгонуна каршы боло албайм. Көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде деле мыйзамдуу эки тилдери бар мысалы Канадада франсуз жана англис тилдери. Бирок Кыргыз тили Кыргызстанда устөмдүк кылышы керек деп ишенем.
  • Venera Rast Убакыт да аягына чыгып калыптыр. Сизге убактыңызды бөлүп жооп бергениңизге жана биринчилерден болуп баштап бергениңизге рахмат. Сиздей болуп эл менен тыгыз байланышып элдин талаптарын уккандар көбүрөөк болсо тез эле биригет элек.
  • Асыран Айдаралиев Эмил мырзанын дагы 40 мүнөтү бар.
    Эскерте кетейин, эртең дагы так ушул маалда байланышыбыз уланат. Бүгүн жетишпегендер эртеңкиге дайардай бериңиздер суроолоруңуздарды!..
  • Эмилбек Каптагаев ► Болот Жүсүп.
    Эмил агай, менин биринчи суроом: Орус тилдүү материалдарда колдонулуп жүргөн “русскоговорящее население Кыргызстана” деген жалпылоо/бириктирүүгө сиз кандай карайсыз? Бул канчалык денгээлде туура? Экинчи суроом: түрк билим берүү мекемелеринин (Себат, Сема, Ата-Түрк ж.б.) идеологиялык өңүтүн иликтеп көрдүңүздөрбү? Алардан кооптонууга негиз жокпу? Жообуңузга алдына ала ыракмат!◄ ЖООП: Ошол “русско говорящее население” өкүлдөрү азыр биздин Элитанын өзөгүн түзүп жатканы башкы маселе да…. Ошолордун жашоо жана иштөө ыңгайы орус тилинин кыргыз тилине караганда басымдуу болуп жатканын аныктайт, ачуу чындык ушул. Ал эми Түрк билим берүү системасына менин көз карашым мындай: Бул система Түркия мамлекетинин геополитикалык таасирин күчөтүү максатында түзүлгөн, ошон үчүн ал жактан каржыланат. Иштөө методикасы абдан туура жана эффективдүү. Анткени, алар жалаң “отличниктер” менен иштешет, аларды тандап алып окутушат, андан ары жогорку маалымат алуусуна шарт түзүшөт. Билими күчтүү жаштар келечекте улуттук элитанын катарына сөзсүз кошулат, бул да талашсыз чындык. Ошол улуттук элитада Түрк мамлекетине, түрк тилине, түрк маданиятына сый-урмат менен караган адамдар көбөйтүү иши мына азыр жүрүп жатат, мында жашыруун деле сыр жок болсо керек. Азыркы элитада Оруссиядан билим алып, орус маданияты, орус тилинде тарбиялангандар көп. Келечекте бул курам алмашат, батыштан окуп-билим алгандар кошулат, жана жогоруда айтылгандай Түрк маданиятына сугарылгандар да көбөйөт. Мындай жагдай Улуттук кызыкчылыкка кандай таасир берет мен азыр айта албайм…
  • Эмилбек Каптагаев Эльбек Базаров : Анда менден сизге суроо,неге Озбекстанда,Казакстанда, биздин Оштогу окуядай болуп, башка улуттар бизге “кыргыз”дарга ок атышпайт.Ал жакта бир эле тил бар. ЖООП: Өзбекстандагы кыргыздар кыргыз мектебинде окуп кыргыз тилинде эле экзамен беришет, аларда биздегидей ТЕСТ системасы жок. Кытайдагы кыргыздар деле кыргыз тилинде билим алышып, кыргыз тилинде экзамен тапшырышат. Аларды эч ким бүтүрүу экзаменин өзбекче же кытайча тапшыр деп зордогон жок да. Бирок, ооба ал жакта өзүнчө көйгөйлөр бар, аны өзүң иликтесен болот…
  • Мирлан Мазеков Эмилбек Саламатович
    суроо-талкууга катышкандардын басымдуу бөлүгү чет-өлкөдө жашагандар түзөт экен, алыста жүрүп мекенинин баркын сезип,улутчулдук,мекенчилдик сезимдер ойгонуп бираз эмоцияларга берилген суроолорда болду, сизди туура түшүнөт деп ойлойм.
    Көч башында туруп улуу көчтүн максаттарын камсыздап, убактыңызды бөлүп суроолорго мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша жооп бергениңизге алкыш.
    Ишиңизге ийгилик!
  • Эмилбек Каптагаев Venera Rast: Мен Орус тилинин расмий тил болгонуна каршы боло албайм. Көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде деле мыйзамдуу эки тилдери бар мысалы Канадада франсуз жана англис тилдери. Бирок Кыргыз тили Кыргызстанда устөмдүк кылышы керек деп ишенем. ЖООП: Менин орус тилинин расмий статусуна каршы болгонумдун себеби менин орус тилине каршы болгонумдан эмес. Орус тилин биз сөзсүз окуп үйрөнүшүбүз керек, улуттук өнүгүүбүзгө зарыл бул. Бирок, орус тилинин РАСМИЙ деген статусу көп кишиге шылтоо болуп берди да, жан талашып кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз тилинде иш алып баруунун ордуна алар РАСМИЙ дегенге жамынып алышты. Мына ушул жагы өкүнүчтүү…
  • Эмилбек Каптагаев Ыракмат МИРЛАН, менин оюмча УЛУТТУК КОНСОЛИДАЦИЯ деген түшүнүк бул жакта – Кыргызстанда жашаган кыргыздардын гана башын бириктирүү эмес, дүйнөнүн кайсы бурчунда жашап жана иштеп жаткан кыргыз улутундагылар бир РУХ, бир ТИЛЕК менен бириксе гана УЛУТТУК КОНСОЛИДАЦИЯ болду деп айта алабыз го дейм.
  • Асыран Айдаралиев Туура айттыңыз Эмил мырза, дал ушул расмий делген нерсе катуу кедергисин тийгизип жатат..
  • Venera Rast Кыргыз тили мам тил болгондон кийин баардык мам кызматындагылар мыйзам боюнча Кыргыз тилин билиши керекпи?
  • Эльбек Базаров Эмилбек агай мен сиз менен тартышкым келбейт, бирок Өзбекстанда менин аялымдын туугандары бар.Аларда кыргыз мектепте окугандар өтө аз.Китеп,окуу куралдары жетишпейт, өзүбүздө жетишпей жатса,каяктан аларга,келишет биз жака ,тилдери такыр эле бурулуп, өзбекче сүйлөп,калышкан. а биздеги өзбектерди мисал кылып,көрсөтө аласызбы? Кыргызча таза сүйлөгөн, жокко эсе.Тескерисинче биз алардын тилине окшоп сүйлөп калганбыз..Кагазды карап эле отчёт бере бербей,бир экскурсия кылып барып келбейсиздерби? Өзбекстанга? Анан мүмкүн пикириңиз өзгөрөттүр.Гуманист болуп,эми дунган,уйгурларды да өз тилинде окутуп баштабайлыбы анда.
  • Эмилбек Каптагаев Асыран мызра, суроолордун деле аягы суюлуп калды окшойт, пультта отуруп тез жана толук жооп берүү да бир топ эле машакаттуу экен. Менин сунушум, калган суроолорду эртеңкиге калтыралы, мен бүгүнкүдөй маалда жооп берейин.
  • Эмилбек Каптагаев Venera Rast:Кыргыз тили мам тил болгондон кийин баардык мам кызматындагылар мыйзам боюнча Кыргыз тилин билиши керекпи? ЖООП: Милдеттүү түрдө билиш керек. Мамлекеттик кызматка иштейм деген кишиге мындай талап сөзсүз коюлушу керек. “Мен силердин тилиңерди билбейм, билгим да келбейт, бирок мен силерди башкарам” деген позиция натуура болот. Кыргыз элин башкарам десе кыргыз тилин билсин.
  • Эльбек Базаров Рахмат Эмилбек агай,суроолорго мүмкүн болушунча жооп бергениңизге.Үй-бүлөңүз менен аман болуңуз.
  • Асыран Айдаралиев Жарайт Эмилбек мырза!. Машакаттуусу машакаттуу эле, бирок баарына жетишип, жооп бергениңиз абдан кубандырды. Канаатандыраарлык эле жооптор, жакшы эле болду.
    Алкыш!. Эртеңки байланышка чейин.. Ар дайым БАР БОЛУҢУЗ!..
  • Эмилбек Каптагаев Эльбек, мен Өзбекстандагы авалды жакшы эле билем. Туура, ал жакта кыргыз тилинде окумак тургай улутум өзбек деп жазылып алгандар өтө эле көп. Бирок, кыргызмын деп кыргызча эле окуп жаткандар да толтура да, муну моюнга алуу керек го….
  • Эльбек Базаров Кыргызча окугандар аз, муну да моюнга алайлы деп талашып койолу сиз менен.Рахмат агай.
  • Эмилбек Каптагаев Эльбек, анан дагы “улуттук кулк-мүнөздү” да эске алуубуз керек го, менталитет дейт. Мисалы, он кыргыз отурса аларга бир орус кошулуп калса беш мүнөттөн кийин ону тең чулдурап орусча сүйлөй баштайт, же жалганбы? Ошондой эле өзбек келсе өзбекче, казак келсе казакча…. Ошол эле өзбектер антпейт да…башкасын жөн койойун…
  • Асыран Айдаралиев Бу дагы кашкайган чындык..
  • Эльбек Базаров Ушул сөзүңүзгө 100% кошулам.
  • Асыран Айдаралиев Ушул эле Фейсбуктун бетин карагыла, жалаң кыргыздар орусча жазышат, пикирлеринин баары орусча, арасында бир да орус болбосо деле..
  • Эльбек Базаров Анын себеби мындай деп ойлойм, өзүн Кыргызмын деп, Кыргыздардын арасына аралашып,калган ,калмак,кытай,же ж.б. Чыныгы Манастын тукуму,өзүн КЫРГЫЗ деп эсептеген, азамат эч качан өзүнүн элинин тебеленишине, маңкурт болушуна жол бербейт.
  • Мирлан Мазеков Кайра жаралуу башталды, эми топ жарабыз тынымсыз эмгек менен Асыран байке Атыргүлгө да ыракмат түз байланыш мүмкүнчүлүгүн түзүп бергениңерге, Эмилбек Саламатовичке чооң алкыш!
  • Асыран Айдаралиев Туптуура 3 саат болду. Дагы бир жолу терең ыраазычылык билдиребиз Эмилбек мырза!.
  • Асыран Айдаралиев Кадырлуу “КӨЧМӨНДӨР”, Бул “Көч Байланыштагы” суроо-жооптор толугу менен “Кыргыз Көчү” айылына (сайт) жайгашат. Ошол жактан да каалаган убакытта карап, таанышып чыксаңыздар болот. “Көч байланышыбыз” эртең дагы 19-00 дөн 22-00 чейин уланат. Ыракмат БААРЫҢЫЗДАРГА!.
  • Буйруса баарын окуп чыктым. Бу бутакты “Жанызак@басма” журналына толук жарыйалайын деген ой бар.
    Суроо-жооп бойунча айрым ойлор:
    ► биерде кыргыз аймагында жашаган башка этносторду “улут” деп белигеп жатышкандарына каршымын.
    Анын толук себебин менин макаламдан окугула:
    http://janyzak.kg/makala/dura_lex.htm
    Биерге үзүндү келтирейин:
    ►10.”Паспортумда кыргызмын…” 
    …дебеди беле Байдыкем. А киши бул сөзүн тээ Союз тирүүсүндө, бир Союзда 15 республика, далай жарым-республикалар бар кезде жар салган…
    Азыр бир Кыргызстанда бир эле республикабыз бар. Демек, Кыргыз Республикасынын баардык жарандары айласыз КЫРГЫЗ болууга мажбур. Себеби улут аталыш үчүн:
    1. территориясы;
    2. чарбасы;
    3. тили 
    бирдиктүү болуш керек экен (“Словарь иностранных слов”, 338-бет) .
    Демек, Кыргыз Республикасында орус улутундагы, же өзбек улутундагы, же дунган улутундагы дегидей жарандар болушу мүмкүн эмес(паспорту башка болсо айла жок) .
    Жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк, мисалы, Кыргыз Республикасынын жараны
    1. Жанызак – кыргыз тектүү кыргыз; 
    2. киргиз – киргиз тектүү кыргыз; 
    3. Красильникова – орус тектүү кыргыз; 
    4. башка журттар – ошол журт тектүү кыргыз… ◄

    Бул эскертүү  Эмилбек Каптагаевге, айрыкча Эльбек Базаров мырзага тийиштүү.
    Эльбек Базаров мырза, биерде “дунганды өз тилинде окуткула” дегендей какшык узатыптыр.
    Сөзсүз өз тилинде окууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Андай чектөө жарабайт. Зордук менен кыргыз тилинде окутуу болбогон оокат.
    Башка маселе:
    Кыргыз Республикасында КЫРГЫЗ тилин билбегендер мамлекеттик органдарда иштей албай тургандай кескин шарт койуш керек.
    Кыргыз Республикасында КЫРГЫЗ тилин билбей туруп ИШКЕРдик кылуу мүмкүн болбогондой шарт койулушу керек.
    Ошондо алиги дунган, уйгур мектептерин уйуштуруп, өз тилинде окугандар кыргыз тилин билбей көрсүн – кантип өнүгүү жолун тандаар экен.
    Америкада деле кытай, испан тилдүүлөр өз тобунда (диаспорасында) англис тилин билбей-этпей жашай бериши мүмкүн, бирок алардын бири да САЙАСИЙ, ИШКЕРДИК чөйрөсүнө кире алышпайт.
    Кыргыз Ресбупликасында да так ошондой шарт түзүү керек.
    Ошондо КЫРГЫЗ тилин билүү жашоо максаты болот Кыргыз Республикасында.

    Биерде дагы бир жагдай мени таң калтырды:
    ►Asyran Aidaraliev. Ушул эле Фейсбуктун бетин карагыла, жалаң кыргыздар орусча жазышат, пикирлеринин баары орусча, арасында бир да орус болбосо деле..◄

    Асыке маселени оң, туура койгон. Мен ошондой кИргИз топко кирип алып, ошондойлордун далай жолу нервин козгогонум бар..

    Эми Асыкем ушинтип айтса, Элбек (жумшартуу белгиси кызык экен) Базаровдун берген жообун кара:
    ►Анын себеби мындай деп ойлойм, өзүн Кыргызмын деп, Кыргыздардын арасына аралашып калган калмак, кытай, же ж.б…◄
    Эл баатыр, “сөздү сөздө, артын көздө” дейт кыргыз.
    “Курама курап журт кылдым” дейт Манас.
    Мен жазган макалаларымда дене кыргыз менен Дем Кыргызды ажырата билүү жөнүндө айтып келем. Биз Кыргыз Республикасына ириде Дем Кыргыз жөнүндө сүйлөгөнүбүз жөн.
    Ириде сөз түшүнүктүү болуш үчүн Таластан баштайын:
    кан жагынан алып келгенде Таластын баланча пайызында казактын каны бар. Ошол эле Алакчын, Колпоч уруулары тээ баланчанчы жылы казактан чабылып келгендердин тукуму.
    Менин апам ыракматы Алакчын тукумунан, демек менин канымда да казактын каны жүрөт.
    Бу – Дене бөлүнүү.
    Бирок биерде менден өткөн кЫргЫз бар экенинде күмөнүм бар.
    Бирок таластыктардан өткөн кыргыз КЫРГЫЗ гана болушу мүмкүн.
    Ошол эле Таластагы Кытай уруусунан айтылуу Чыңгыз Атабыз бар.
    Эй Эл дос, “калмак, кытай” дегениңе жол болсун?!
    Ошо сен айткан “калмак, кытай” сенден өтүп кыргыз түшүн жоруп жатса, сенден өтүп Кыргыз Республикасында КЫРГЫЗдан башка улут жок деп жатса, сен болсо Кыргыз Республикасындагы кыргыз эмес тектүү элдерди “улут” деп жатсаң –
    кана, кимибиз көбүрөөк кыргызбыз – сенби же менби, сенби же кыргыз деп ураан чакырган калмак же кытай көбүрөөк кыргызбы?
    “Сөздү сөздө”, баатыр…
    Асыкеге катуу эскертүү:
    биерде “Кыргыз Көчүнүн” жобосунда жазылды эле ӨҢҮ тамгаларын СӨЗСҮЗ колдонуу жөнүндө.
    Бир да бир “жеңилдик” берилбеши керек. Атүгүл биз депутат кызыбызга да жеңилдик берүү жагын жактырбадык эле, анан кантип сен биерде Салмон Найманов мырзага кыргыз ӨҢҮн тебелетип жатасың, эй Асыке?!
    Так ошондой “мейличи” деген иттиктерден улам Эмилбек мырза эскертип кеткендей “расмий тил” дегенге жамынышкан кИргИз тектүүлөр КЫРГЫЗ тилин бүгүнкү күнгө чейин кемсинтип келишкенин туйган жоксуңбу?!
    Менимче, сөздөрү алтын куйулуп жатса да, КЫРГЫЗ ӨҢҮн танган эргулдарды биерге, бу тайпага жолотпош керек эле.

    janyzak.kg  издание книги за свой счет, самая дешевая печать книги

  • Эльбек Базаров Каап,шашылып, Балык уулаганга кетип атам да, мейли эртен жазышайлы. Сиз менен көп сөздөр бар экен, Жаныбек байке.
  • Келесиң да…
    Кайрымагың курч болсун…
  • Баса, токтоолук менен өзүңдүн жазгандарыңды бир окуп чыкчы.
    “Улут” дегенди ошол эле өзбек, дунгандарга чаптай берипсиң.
    Алар Кыргыз Республикасында “улут” дегенге жарабайт, себеби ЖЕРИ жок…
  • Асыран Айдаралиев Оой Жакее, ӨҢҮ_ н карамак тургай өзүмдүн дайынымды таппай калдым. Бул жорумду оңой ойлоп жүрүпмүн да, Эмилбек мырза айткандай машакаттын машакаты экен.. Дагы жакшы, бир аз тажырыйба ала түштүм..
    А ӨҢҮ_бойунча САЛМОН мырза ушул айтылгандарды окуп, эртеңден баштап ӨҢҮ_нө келээр деп туралы..
  • Jyrgalbek Ajimat Менин айтайын дегенимдин баарын Жаныбек “агайым” жазыптыр, менде башка сөз жок. Кайталабай эле койойун.
    А Эмилбек агайга суроом жок эле ошондуктан бербедим.
  • ►Asyran Aidaraliev:
    Оой Жакее, ӨҢҮ_ н карамак тургай өзүмдүн дайынымды таппай калдым.◄
    ✔ Мынакей “иттин өлүгү”, эй Асыке!
    Сен өзүң ушул топтун башкармасы боло туруп, ушул топтун 
    ӨЗӨКТҮҮ мыйзамы болгон ӨҢҮн так ушул жерден тебелетип жатсаң, анан тиги мыйзам токуй салып ойдолоп жаткан кИргИздерге “Кыргыз тилин сыйлагыла!” деп кантип талап койосуң?!
    ►эртеңден баштап ӨҢҮ_нө келээр деп туралы..◄
    ✔ “Деп..” турбайлы, Асыке.
    Кыргыз ӨҢҮндө жазбаса, чийип ташта – андан башка деле акылдуулар жетет.
  • Jyrgalbek Ajimat Жаныбек аке, сизди агайым же устатым кылып алгам өзүм эле, шакирттикке албасаңыз деле  Көп нерсе үйрөнүп келем сизден, ошого жогоруда “агайым” деп белгилеп кеттим.
  • Тырмакчаң бираз кооптонтуп жатты эле
  • Jyrgalbek Ajimat Кантип беришти билбедим да
  • Биерден дагы бир жолу кайталап кетейинчи:
    мен эмне үчүн “Кыргыз Тили” деп айкырып жүрөм?
    Ашкере атуулдуктан эмес бу кыйкырыктар.
    Бу кыйкырыктарым – тикелей чарбалык маселе, ириде.
    Кыргыз Тили – менин жашоо булагым.
    Менин жашоо мүмкүнчүлүгүм.
    Мен кыргыз тили менен жан сактайм.
    Мен кыргызча китеп чыгарып, аны сатып жан багам.
    Мага кыргыз тилдүүлөр мүмкүн болушунча көбүрөөк болушу кызык.
    Мага акылдуу, окуганды билген, билимдүү кыргыздын көбүрөөк болушу – экономикалык маселе.
    Мен кыргыз арасында гана коопсуз жүрө алам.
    Мен кыргыз арасында гана шайма-шай, көңүлүм куунак, өзүмдү АДАМ сезалам.
    Ошон үчүн мага КЫРГЫЗ керек.
    Мага КЫРГЫЗ чөйрөсү менин жашоо маңызымды түзөт.
  • Асыран Айдаралиев Бүткүл КЫРГЫЗ ушундай, Жакеникиндей ой жүгүрткөнүбүздө гана КЫРГЫЗДАРДА накта өнүгүү, өсүү болуп, тилибиз, дилибиз болуп көрбөгөндөй байыйт. Антпесек кыйын эле болот КЫРГЫЗГА!..
  • Кыргыз жергесиндеги кыргыз эместерге 
    “КЫРГЫЗ ТИЛИ керек” дегендей шарт койуу сөзсүз зарыл нерсе.
    Кыргыз Республикасындагы бирден бир зарылдык.
    Кыргыздын сакталып калышынын ӨЗӨГҮ.
    Так ошондой шарт болгондо, кыргыз тили зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын жарандары түп орду менен Жанызак болуп чыга келет.
    Патриот болушпаса өлүп кетпейби, бирок кыргыз тилсиз дурусураак жашоого болбогудай кылыш керек
  • Jyrgalbek Ajimat Жогорудагы пикирлерден, Эл(ь)бек мырзанын жазгандарына каршы көп нерсе жазгым келип турат, бирок акараат катары алып албасын деп көпчүлүктүн көзүнчө бир адамга акыл айткандай болбойун дагы Элбек мырза кайрадан кирип калса жекече жазышып алам. Эми кошумча жеке ойлорум:

    Жалтырагандын баары эле алтын боло бербеген сыяктуу, КЫРГЫЗ деп көкүрөк каккандардын баары эле кыргызга күйө бербешин, тетирисинче кыска ойлуулукка, тар түшүнүккө, сабатсыздыкка алдырып, коомчулукка терс таасирлерин тийгизип алышы мүмкүн, тийгизип да келатышат. Чындыкты көтөрө албайт, талашып калсаң, төө десең бээ деп тура берген “ура-патриот”, “псевдопатриотторду” да кезиктирип келатабыз. 

    Мен билген “улуту” өзбек же башка болсо да, кыргыз комузун, ооз комузун укмуш ойногондорду көргөм, өзбек же башка “улут” болсо да, же каны аралашса да, кыргыз тилинен мугалим болуп иштеп аткандар тааныштар, досторум бар, “канында” башка улуттар болгону анык, же башка “улут” болсо да кыргыз коомчулуга күйгөн, илимий, техникалык табылгалар жаратып пайдасы тийип жаткандардын көбүн тааныймын. 

    Биз Кыргызбыз баарыбыз, Кыргыз жеринде, Кыргыз өлкөсүндө жашап жатабыз, бир эле улут бар – ал кыргыз, канында тажик, татар болсо да. (Каныкей, Чыңгыз) Кыргыз туусун көйнөгүнө тушүрүп же аватарына Кыргыз туусун коюп алса эле кыргыз болуп калбайт. Энеңди жүнбаш, же сарт деген кыргыз – бул кыргыз өлкөсүнө эч кандай пайдалуу иштер жасай алышына көзүм жетпейт. Кыргыз өлкөсүндө баары кыргыз болуш керек, бүгүн болбосо да жакынкы келечекте. Сепаратизм, дискриминация – бул жөн гана макоолук. Энеңди сартт деген досумдун баласын өзбек доктор операция кылып өмүрүн сактап калган ж.б.у.с. мисалдар көп. Жакында өзбекче музыка койбо энеңди деп ызырынган бир “кыргыз” өзү түшүнбөгөн бир чет эле музыкасына I lost my underwear last night, fu*k me tonight ж.б. ырын кайра кайра суранып койдуруп бийлеп жатты ресторанда  Акыл калчап кароо керек. Мен деле ашынган улутчулдарды тушүнөм, анткени мен да кечээ эле ошолордун бири болуп жүргөм…

    Менин өңүм “тем более” кыргызга окшобогону үчүн баары эле каныңда өзбек барбы дейт байкуш өзбектен башка улут көрбөгөн айрым кыргыздар, а балким чоң энем ирандыктар же азербайжан а балким каракалпактыр… Сен шпионсун дешет айрымдары, бизден жакшы билесиң кыргызчаны дешет. 5,6 тилде эркин сүйлөйсүн, кыргызга окшобойсун дешет… Физикалык көрүнүшкө карагандар, канынын канча пайызы башка “улут” экенин талдаган улутчул “кыргыздар” жарытып эмне кыргыз элине кайсы кызматтарды жасап атыптыр, билгим келет…

    Чектен чыкпоо керек, мен да улутчулмун, бирок башка улуттарды жек көрөмүн дегенди түшүндүрбөйт, өз улутумду сүйөм, колумдан келишинче кызмат кылам, кайдыгер эмесмин дегенди болгондо да жасаган эмгектериң менен көрсөтүүнү түшүндүрөт, курулай сөздөр менен эмес.

    Ош окуясы болуп жаткан кезде Бишкектен бир досум чалып атат, досум шаарда аралабай тур деп, неге десем, кыргыздар сени сарт деп, өзбектер сени кыргыз деп кармап кетишпесин деп, чыкпачы сен керексин бизге  деп кыжалаттанат. Айтканда й эле кандуу окуялар тынчый түшкөндө 2 жолу (!) кыргыз балдар (физикасына караганда тоолуктар) “эу сарт бери келчи” деп чекеге тартат. Паспортумду көрсөтүп араң кутулуп жаттым. Атама миң ыраазы болдум ошондо, дагы жакшы атымды (түштүктө кеңири тарагандай) арапча кылып Рахматулла же Убайдулла койбоптур деп. 

    Сөз көбөйтпөйүн, улутчул болууну да билүү керек, азырынча менин санжырам эч кимди кызыктырбайт, кереги да жок, эртең бүрсүгүнү бийликке барып калсам же белгилүү коомдук ишмер болуп калсам, журналисттер өздөрү эле тегимди чукулап аңтарып чыгышат  Позитивдүү,сабаттуу улутчул болушса гана деймин…
  • Жыргал, мен ошон үчүн жазып жатпайымбы
    ► Дене кыргыз
    жана
    ► ДЕМ КЫРГЫЗ
    деген түшүнүктөрдү.

    Таластыктар – ДЕМ КЫРГЫЗ болгула.
    Антпесем деле канымда казактын каны аралашып жүрсө да (500 жыл аралыгында биротоло шалданып калды го дейм) менден өткөн кыргыз КЫРГЫЗ гана болушу мүмкүн, эй
  • Jyrgalbek Ajimat Мага ушул – дем кыргыз деген (менимче жаңы) түшүнүк абдан орундуу келген. Так аныктама.

    Эң көп кыжырымды келтирген (азыр келтирбейт, көнүп бүткөм) тема – жаңы таанышкан адам “кыргызсыңбы сен?” деп сураганы болчу. 

    Азыр сырттан келдим, өңүнөн шексиз түрдө кыпкыргыз тааныштарым дүкөндүн артында арак ичип отурушат “Атамбаевди кетириш керек неңдурайын…” дешип  
    (А менин өңүм Сүймөнкулга окшобойт  )
  • Асыран Айдаралиев Окшоп эле турат, жамы кыргыз ӨҢҮ_ Сүймөнкулдун ӨҢҮ_ндөй..
  • Мен бу “демкыргыз” дегенди тээ илгери бир маекте айткан “Дене бала, Жан бала” деген түшүнүктөргө окшоштурам –
    http://janyzak.kg/makala/denejan.htm
    Албетте, мен айткан-дегендердин баары эле кэпэр чындык болушу өтө күмөн, бирок бир окуп койсоң болчудай.

    janyzak.kg  издание книги за свой счет, самая дешевая печать книги  

  • Кыргыздын кыргыздыгы – ӨҢҮнөн кетпейт, дилинен кетсе керек.
    Баса, ошо “Сүймөнкүлдун ӨҢҮн” жазган Абдиламит деле бираз башкачараак 
    Менин кебетем деле моңголдошуп турат, иттики 
    Бирок…
    Кыргыздын улуулугу – карасы, сарысы, түйрүгү (менин жалгыз күйөө балам африкалыктай болчу, бирок кыргыз эле), жылчыгы, бакыракайы – баары кыргыз!
  • Jyrgalbek Ajimat Жылчыгы деңиз ))))
  • Асыран Айдаралиев Эми ынандыңбы Жыргалбай кыргыз,.
  • Jyrgalbek Ajimat Азаматсыз, устатым. Жеңилдей түштүм. Акыл да бересиз, кеңеш да айтасыз, туура жолго саласыз жана маанайды да көтөрөсүз. Көп жашаңыз, устат!
    Сиз менен майек курууда тиричилик маселелери унутулат, жан дүйнө, дил азык алат (зарйаддалат). Демге дем кошосуз. Жаңы сөздөр да үйрөнүп турам. 
    Көп жашаңыз, устат!
  • Jyrgalbek Ajimat саат 02:47. Эс алайын. Кайрадан жазышканча, эсен болуңуздар, көчмөндөр!
  • Асыран Айдаралиев Түнүңүздөр бейпил болсун КЫРГЫЗДАР!!!
  • Салмон Найманов Жанубек Жанузак мырза Кыргыз ӨҢҮ менен жазганга шарт болбогон кезде жаза салдым эле анымды мойнума алдым.Бирок сиз дагын аты жөнүңүздү Кыргызча ӨҢҮгө которуп алсаңыз мааниси так айтылмак.кээде баарыбызда ката кемчиликтер болот эмеспи.Менин кемчилигимди эскеркениңизге рахмат,эми ӨҢҮдөн такыр тушпөймүн!
  • Баракелде, Салмон!
    Аты-жөнүм бойунча:
    муну туура козгоп кеттиңиз, Эмилбек мырза берчү суроолордун бири болду, буйруса.
    Мен Google_да Janybek Janyzak деп латын арибинде катталгам жана биерге да, дүйнөлүк башка нерселерге да такай латынча катталам.
    Ал эми Janybek Janyzak дегенди ашкере билимдүүсүнбөй, жөн гана “ЖанЫбек ЖанЫзак” деп жазыш керек кириллче, айрым форумдарда айрым орус тилдүүлөр келекелейин деген аракетте “Янубек Янузак” дегенсип далбастабай. Сиз кыргызсыз же кыргыз аймагындасыз. Демек, КЫргЫзстан латынча “Kyrgyzstan” деп жазылаарын билесиз, Кыргыз жайгашы так ошо латынча жазылыштан улам “Ky” деп, латынча “Kyrgyz” деген сөздүн биринчи муунунан алынганын да билесиз. 
    Ырас, биздин паспортто орустун транслити менен биздин “Жж” тамгабыз ушу күндө “Zh” деген коштамга менен натуура берилип жатат. Так ушу суроону да Эмилбек мырзага бериш керек экен…

    ► Кыргызча ӨҢҮгө которуп алсаңыз мааниси так айтылмак◄
    Кыргыз ӨҢҮ дегенибиз, кыргыздын Өө_Ңң_Үү тамгалары, урматтуу Салмон мырза…
    Men jana bierdegi airymdarybyz latyncha dele 8hv menen jaza berebiz. Ch8nt8k telefondon dele kyrgyz 8hvn dahgäl keltirebiz. Kadimki nemis je türk aripteri menen dele jazsak bolot Kyrgyz ÖÑÜn daana körsötüp.
  • Жанызактын латын арип вариантын мына биерден карап көрүңүзчү, кана:
    http://janyzak.kg/makala/latyn.htm

    janyzak.kg  издание книги за свой счет, самая дешевая печать книги

  • Jyrgalbek Ajimat “Ж” боюнча маселени сөзсүз чечүү зарыл, банктан акча алууда кыйналып калдым өткөндө, Jyrgalbek деп берсем кетпейт, Zhyrgalbek Azhimatov деп аялымда да ошол маселе Zhazgul ж.б. ушу кантип болсун
    Дагы бир маселе, көбунө айттым бирок дагы деле азайбай жатат. Ы тамгасын ушу бирөө жаңылышып Uu деп койгонбу, mail.ru агентте го эми түшүнөм, 80-90% сабатсыз муун отурат, фейсбукта да чоң эле адамдар, Surgak, Tabuldu, Janubek, Jurgalbek деп катталып жүрушөт, англ. “Uu” – кыргызча “у” (уйкаш, ууру) болуп окулаарын, англ. “Yy” – кыргызча “ы” (Сыргак, Жыпар) болот. Zhupar эмес Jypar эле болот.
    ‘J’ немисчеде й, испан ж.б. “х” болгону менен англисчеде (эл аралык жана технология тилинде) кыргызча эле Ж болот.
    Америкалыктар Jack, John, Joshua, Jimmy болуп жүрүшпөйбү Zhack же Zhohn эмес.
  • Асыран Айдаралиев Жыргалбек, сен ушул маселени Эмилбек мырзага суроо катары дайардап берсең болот. Мен сени тизмеге илип койойун, жарайбы?.
  • Jyrgalbek Ajimat а мейли, жакшы болот. Анда ушуну менин суроом катары кошуп коюңүз.
  • Эльбек Базаров Эң биринчи Жаныбек Жанызак байкеге жооп.Жумшартуу белгисинен баштайлы! Мен төрөлгөндө мага күбөлүк алышат,атам раматылык чоң атамдын баласы кылып жаздырыптыр, Базаров Эльбек Джунусович деп,өзу мен Жунусов Элбек Бакирович болушум керек эле.Азырга чейин Эльбек болуп жазып жүрдүм.Кыргыз өңүнө киргениме бир жума да боло элек.Көч бара-бара түзөлөт дейт,эми жаңы паспорт алсам биринчи кезекте “жумшартуу белгисин” жок кылдырам.Ойлобоңуз атайын бул кооздук.үчүн,же орустарга жакыныраак болуш үчүн жазды деп,сизден сурагам,кандай которушту,ө,ү,ң деген тамгаларга.Атам раматылык өзү “орус” мектепте окуп,бизди атайлап “кыргыз”мектепке окуткан экен.Айылга алып келип,балдарым кыргыз мектепте окусун,орус мектепте окуган бала,кулк мүнөзү,тарбиясы,жүрүм-туруму да орустарга окшошуп калат экен деп.Өзгөн шаарында анда бир да кыргыз мектеп болбоптур.Атам,балдарым орус тили керек болсо кийин өздөрү үйрөнүп алышат деп,атама миң мертебе ыраазычылык билдирем.Эми экинчи маселеге келейли!С.Жигитов көп жолу биздин коомчулукта жаман көрүнгөн,чындыкты айтсаң, көпчүлүкө жаман көрүнөсүн деп,айрыкча “псевдопатриотторго” Мен эч качан качан курулай ,өзүмдү пиар кылып,көпчүлүкө жагыныш үчүн,аракет кылган эмесмин дагы,кылбаймын дагы.Жыргалбек Ажымат акебиз жазыптыр,бийлике барып,калсам деп,билгиңер келсе канында кыргыздын каны тамган,ар бири бийликти самайт.Мен чоң болсом деп.Ар бир жаран,өзүнүн ойун айтууга укуктуу.Мен баарын билем,мен кыйынмын деп төшүн каккан туура эмес.Жана эле бир теманы өчүрдүк эле, “Кыпчактар” жөнүндө сөз баштап.Эми башка улуттар жөнүндө—Кыргызстанда 80 улут бар дейбиз,анда биз 80 тилде окутат экенбиз да? Дене Кыргыз,дем кыргыз деген сөздү түшүнгөн да жокмун.Билбейм жакында эле ошондой термин киргизбесеңер.Манаста “кулаалы таптап куш кылдым,курама жыйып,журт кылдым”дегендей,башка улуттан болобу-башка динден болобу? КЫРГЫЗ деп күйүп турса мен кантип аларды сүйбөйм.Ч.Айтматов “кытай” уруусунан экенин жакшы билем,кытай улутунан эмес, Кытай уруусунан.Таласта,Аксыда,Чаткалда,кушчу,саруу уруулары бар экенин билебиз.Башка улуттарга,силер улут эмессиңер,силердин жериңер жок айтып,көрүңүзчү не деп жооп береер экен.Өзүңүз жөнүндө казактын каны бар экенин айтпасаңыз деле билинип турат,өзүңуз жазган китепте,силерге өпкө турганда,жүрөктүн кереги эмне дегендей.Мен эс тартып,өспүрүм курактан бери сиздин “Каттамаңызды” окуп чоңойгом.Көп байкадым “мен” деген сөздү көп колдоносуз! Айрыкча кыз-келиндер менен акыйнек айтышып.Өзүңдү эр ойлосоң,бирөөнү шер ойло дейт,баатыр аке.Менин да башка улуттан досторум бар,алар кыргызча,сүйлөшөт,мен ошон үчүн аларды дос кылам.Бирок башка улуттарды бул жака кой,Кыргыздын урууларынын ичинде ынтымагы келишпегени канча.Б.Сарногоев атабыздын ыры жогор жакта жазылып турат,ушуну менен өз пикиримди аяктадым.
  • Күбөлүк туура, айла жок, бирок өчүрүш керек.
    Дене кыргыз, дем кыргызды түшүнбөгөнүңүз жаман экен…
    “Улут” деген терминдин аныктамасы мына бу жерде:
    http://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9D%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F

    Өзбек “улут” делинбейт Кыргыз Жергесинде, себеби “улут” делиниш үчүн тилден башка да атайын жашаган аймагы болушу керек.
    Кыргыз Республикасында “өзбектин аймагы” деген аныктама болушу мүмкүн эмес, себеби биздин өлкө унитардык, бөлүнбөс, Кыргыз Өлкөсү.
    Андыктан “өзбек эли” же “өзбек этносу” делиниши гана мүмкүн.
    Муну мен аныктаган жерим жок, үкө…

    Ал эми Кыргыз Республикасындагы ар бир этнос ӨЗ ТИЛИНДЕ окууга укуктуу.
    Мектеп ачалса, албетте.
    Мектеп ачууга дарманы жетпесе бир жөн.

    ru.wikipedia.org

    На́ция (от лат. natio — племя, народ) — социально-экономическая, культурно-полит…Еще
  • Эльбек Базаров Болуптур,эми жаңы паспорт алсам,сөзсүз өчүртөм.Баатыр аке.
  • Тыныш белгилеринен кийин боштук берилиши керек
  • Эльбек Базаров Анан Википедияларга анча ишенип,окуй бербейм,турмушта баары башкача!!!!
  • Каратма сөздүн алдында чекит эмес, үтүр келет..
  • Эльбек Базаров Ааа рахмат катамды оңдоп койгонуңузга.Мындан кийин кайталабаганга аракет кылам.Кантсе да сиз китеп жазасызго,биз эми карапайым,чала-сабатпыз.
  • Мен катаңызды оңдогонум жок, бирок кандай жазыш керектигин айттым.
    Бирок сизге жетпей калса керек, баары бир тыныш белгилеринен кийин боштук бербей эле урдуруп жатасыз, урматтуу чаласабат
  • Мага жаккан жана мен ылайык көргөн аныктама:
    http://yurist-online.com/uslugi/yuristam/slovar/n/3605.php
    ►Нация (лат. natio – племя, народ) – 1) в теории права – историческая общность людей, складывающаяся в процессе формирования
    ✔ общности их территории, 
    ✔ экономических связей, 
    ✔ языка,
    ✔ некоторых особенностей культуры и характера, которые составляют ее признаки. ◄

    yurist-online.com

    Нация, что такое Нация, Нация – определение
  • Эльбек Базаров Жыргалбек акеге жооп—Сиздин жазган пикириңизди окудум, 90% туура айткансыз. Аша -чапкан болбойт,албетте,азыр толуп кетти “псевдопатриоттор” Мен сыйлайм башка улутту,Кыргыз тилинде сүйлөсө,кыргызча ырдаса, өзүңүз деле мойнуңузга алыпсыз, мен деле кечээ ошондой болгом деп.Өз агасын агалай албаган,бирөөнүн агасын сагалайт дегендей,жаманыбызды жашырып,жакшыбызды чыгарсак жакшы болоор беле дейм.Физикасына караганда тоолуктар,дегениңиз,тоодо эмне жапайылар жашайбы? Биз баарыбыз тоодо,айылда чоңойгонбуз.Бар арабызда жаман,жакшылар.Башка улуттун Кыргыз болуп кетишине,менин жеке ойум,бул “утопия” болсо керек,алардын Кыргыз болушуна!Өзүбүздү жамандап отурсак,биз башка улут болуп кетишибиз мүмкүн,алардын кыргыз болооруна менин көзүм жетпейт.
  • Эльбек Базаров Мен википедияны билем дегеним жок,кызыгып,окуй бербейм дедим.Кызыксам толтура башка булактар,сөзгө маани берип анан жазсаңыз,баатыр аке.
  • Jyrgalbek Ajimat Элбек, көп нерсе жазгым келди эле бирок жанатан бери жазып кайра өчүрүп баш тартып жаткам. Тоолук болбой калганыма өкүнөм тетирисинче, шаарлык эмес. Анткени алар таза кыргыз, (кой сойо алат, ат минишет, кымыздын суу кошулбаганын ичишет, ж.б.) мен физикалык көрүнүшүн гана айттым, эмне үчүн тетири алыш керек? Баса, Кара-Кулжанын илгерки Ульянов совхозу, менин тага журтум болот, тагаларым, апам да тоонун кызы.

    Көп нерсе жазгым келди, түшүнбөй калабы же билбей катуу тийип калабы деп жазбай жатам. Анткени мен эч кимди капа кылгым келбейт, мени да капа кылышын каалабайм себеби.

    Жазгандарыңды окуп келатам, кээ бир сөздөрүң бир-бирине же бүгүнкү жазганың кечээгилерге каршы болуп, оюң бир аз чаржайыт, багытсыз болуп калган жерлер бар экен. Муну да түшүнөм, мен да бир кездери ушундай элем, мага да ушинтип жазышкан, түшүнүп түшүнбөй жаман көрүп калчумун. 

    Сенин да айтайын дегендериңди түшүнүп турам, бирок шашылып, же бир аз эмоцияга алдырып ойду бир жерге чогултпай иретке келтирбей жазып калган жерлериң бар, көбү тез чечим чыгарып алат бир сөздү туура эмес көрүп калса. 

    Эгер менин кайсы бир жазган жерим туура эмес сезилсе унчукпай калба, дароо билдир, адам адамдын күзгүсү дейт, бир-бирибизди оңдоп түзөп, эриш аркак жүрөлү.
  • ►Эльбек Базаров Анан Википедияларга анча ишенип,окуй бербейм,турмушта баары башкача!!!!◄
    “Анча”, демек бираз, “окуй бербейм” – демек “бираз окуйм”.
    Википедия дегенди билген чаласабат, менимче, тыныш белгилеринен кийин боштук бергенди билсе жаман болбос жана “нация” (улут) дегенди да бираз ажыратышы керек.
    Сайасатты дурусураак, Википедия аныктамасы менен жүргүзсөк, Кыргыз Республикасынын жараны сөзсүз КЫРГЫЗ болууга тийиш.
    Антпесе жарандыктан баш тартышы керек.
    Биерде азыр “кыргызстандык” деген терминди сунуштап жатышат, ал жарабайт. “Кыргызстандык” деген сөздүн өзү “кыргыз жеринде жашаган адам” дегенди туйунтат.
    Ал эми Кыргыз Жеринде Кыргыз Жараны болуп жашаган адам “кыргыз” делиниши керек.
    Акыры ушуга барабыз, барбаса болбойт.
    Ошондо “курама куралып, журт болот”, буйруса.
  • Эльбек Базаров Ушул сөзүңүз “эркекче” болуптур.Ким эле тегиз,катасы жок болот.Баарыбыздын катабыз,кемчилигибиз бар,адамдын эң жаман сапаты,мойнуна албаганы! Мүмкүн эмоцияга алдырып,сөздөрүм бири-бирине каршылык келип калгандыр. Аны мойнума алам.Жакшы сөз менен баарын ийге келтиргенге эмне жетсин.
  • Баары бир көгөрбөй, катаны жойуп жазууга аракеттениш керек. Биерде да тыныш белгилеринен кийин боштук бербепсиз, Элбек мырза.
    ►”калгандыр. Аны “◄ дегенге боштук берилиптир, азамат.
    Эмоцияга алдырасызбы же жокпу, ката деген баары бир ката.
    Чаласабат болсоңуз деле катаны оңдоп жазууга умтулуш керек, менимче.
    Ашкере тырышуунун кажети кайсы?
  • Бу го орфография жана пунктуация маселеси.
    Улут маселесинде да, этностук мектептер маселесинде ойлоруңузду жөнгө салганыңыз дурус, менимче.
  • Кыргыз тилинен дагы бир сабак:
    тырмакчага алынган сөз тескери маани берет:
    ►Эльбек Базаров Ушул сөзүңүз “эркекче” болуптур.◄
    дегениңиз мага таасир этиши өтө күмөн, себеби сиз кетирген ката чын эле ката. Чындыкты мейли катын айтсын, же эркек айтабы, баары бир чындык бойдон калат
  • Эльбек Базаров Жаныбек Жанызак байке экөөбүздүн алым-сабагыбыз түгөнбөй турган болду.Тыныш белгилеринен кийин боштукту калтырууну, сиз эле эмес Асыран байке да эскертүү берген. Эми мен көнүп, калыптырмын.Оңдогонго аракет кылып атам. Не кылайын эми.Өзгөндүн өжөр балдарынанмын да.Болуптур катачылыктарды оңдойм.Ушинтсем сизден кутуламбы? Улут маселесинде ойум азырынча бир жактуу эле.Кийинчиреек сизге окшогон улуу адамдардан сабак алсам,ойум өзгөрүлөттүр! Сабатыбыз жойулуп. Рахмат байке,мен чарчап турам, жатып эс алайын.Кечинде сүйлөшөбүз.
  • ►Эльбек Базаров 
    Тыныш белгилеринен кийин боштукту калтырууну, сиз эле эмес Асыран байке да эскертүү берген. Эми мен көнүп, калыптырмын.◄
    “Көнүп калыптырмын” аргумент эмес. Боштук койбосоң өзү бил, албетте.
  • Jyrgalbek Ajimat  Элбекти да, Жаныбек Жанызакты да түшүнүп турам.

    Мен да Кыргыз деп “ураан чакырып” жүргөн кезимде, ар бир жазганыма Жаныбек Жанызак “асыла берчү”, мынча эле кыйкымчыл деп жактырчу эмесмин (өзүмдүн каталарым менен ишим жок) чындыгында көп адам туура нерсени көрсө да кой, жаман көрүнбөйүн деген максатта айтпай, көрмөксөнгө салып коюшат, ачыгын айтканда – аралашпайын, кийлигишпейин деп коюшат. Буга “мурдун тыкпоо” эмес “кайдыгерлик” деп койот. Түбү жакшылыкка (көз карашты оңдоого, катаны жойууга ж.б.) болсо да көбүбүз убагында түшүнбөйбүз. Адамдын табияты ушундай окшойт өзү.

    Менин да боштук калтырып, кыргыз “өңүндө” жазуума, улут, тил маселесиндеги көз караштырымды иреттөөгө ушул Жаныбек Жанызак деген бир “башкача” кишинин таасири зор. Юмор сезими жакшы өнүкпөгөн, тил, улут маселесинде сабаты жакшы ачыла элек киши жактырбай калуусу табигый көрүнүш, баары башына келгенде билет.
  • Эльбек Базаров Уктатпайт экесиңер да…..
  • Негизги маселе калып кеткен тура:
    кайырмак курч болдубу, канча балык кармадыңыз?
  • Жыргал, абзацты расса келтирипсиң – эмкиде мен да ошентпесем…
    Эмитен эле баштайын…
    Көрүнүшү даана болуп калат экен…
  • Эльбек Базаров ха-ха-ха .Эми өзүңүзгө келдиңиз,бир болсо. Балдар менен баргам, шоопурмун,отурдум машинеде.Кар жаап келди бир маалда, майда- майдасынан кармашты.Бизде аба-ырайы суук.Уйкум келип,араң келдим.Жолдо силерди эстеп аттым, не деп сындап атат экен деп.
  • Jyrgalbek Ajimat Элбек айтмакчы, аябай көнүпмүн, тамеки тарткан киши бирөөнү тамеки тартпа дегендей эле, мен да бирөөлөргө сүйлөм аягында көп чекит койбо деп калам, карасам өзүм колдонуп жүрөм. Ысыгында айтып койгонуңуз жакшы болду.

    Чыныгы дос ачуу чындыкты ачуу кылып айтпайт. Ачууну таттуу сөздөргө ороп айтат (КА+) дегендей, юмор, сарказмды туура пайдалана билген сапатыңыз да жагат, устат.
  • Эльбек Базаров Мен силердин шакиртиңер эле болуп жүрөйүн.Өзүм да чала-сабатмын,антип уят кылбагыла!!!
  • Jyrgalbek Ajimat Жакшы сөз жан эргитээри чындык, бирок жакшы сөз – жалган сөз да болушу мүмкүн. Буга чейин да көп жолу окуганыма, укканыма караганда – биринчи кезекте тартипти катуу кылбасак эч кандай ийгиликке жете алгыдай эмеспиз. Кыргыз жеринде – кыргыз ой-тутумуна ылайык эле иш-чаралар жүргүзгөнүбүз оң го. Башка өлкөлөрдү туурай бербей, т.а. көп эле “түшүнүктүү, жумшак, сылык” боло бербей.

    Менин тиги “Кыргызча Афоризмдер +” баракчам да канча айтканыма карабай пикир-жорумдар кыргыздар тарабынан орусча, кыргызчасы болсо кыргыз “өңүсүз” жазылып келет. Баракчадан четтеттим, өчүрүп турдум утуру жазышкан сайын. Эскертүүнү кайра кайра бердим, бирок бирин-серини гана эрежеге баш ийбесе, калгандары жок. 

    Ал баракчамда да, деги эле интернетте, фейсбукта бул маселе азырынча оор бойдон калууда, кыргызча тексттер “өңүсүз”, а латын тамгаларында жазылгандар ар ким өз билгениндей. 

    Эң биринчи туура жазууну үйрөнбөсөк жана үйрөтпөсөк кийинки иштерибиз да ушундай чалагайым, чаласабат, чаржайыт болуп кете бергидей.
  • Асыке, жогоруда Жыргал айткандарды эске бекем түйүп алып, биздин топто ӨҢҮ, кыргызчылык, ашкере кетпөө, мыйзамды кармануу жагына катуу көзөмөл жүргүзө көр.
    Ырас, башкаларга караганда биздин топто кыргыз сөздөрүн КЫРГЫЗЧА окуп, алда канча эс алып каласың – Асыке, бу жагынан сага ыракмат, албетте.
    Бирок кечээ бираз тайып кетипсиң, Салмон да мойнуна алды, ошого шүгүр.
  • Эмилбек Каптагаев Кечееги суроо-жооптор кандай болгонуна бир сыйра көз жүгүртүп койсам деп отура калдым эле. Шашып жооп берип жатып кай жерин ала калтырдым, кай жерин чала калтырдым деп түндө да ойлоп койгом. Көрсө бул жерде талкуу токтобоптур да… Жаныбек мырза, Жыргалбек мырза, Эльбек мырза – силер бул жерде тартышып жаткан маселелердин тамыра өтө эле терең. Айагы барып – Кыргыз деген ким? деген суроого такалат. Канча миң жыл карт тарыхы бар көөнө Эл экендигибиз анык, бирок саныбыз аз. Эмнеге? Кийинки эле Эл болуп куралган Казак, Өзбек, Уйгурлар эмнеге мынча көп, жыйырма миллиондон ары кетип жатышат? А биз болгону үч жарым миллондун ар жак бер жагы… Чынын айтсак “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деген сөз өзбек, уйгур, казактарга көбүрөөк туура келет, бизге караганда.
  • Эмилбек Каптагаев Эмнеге кыргыздын саны аз деп сураганымда бир аксакал киши: “Кыргыз асыл Эл, Кудай кыргыз тукумун асыл жараткан, табигатында асыл зат аз болот, жерде эмне көп – жез көп, темир көп, ал эми алтын аз да…” деп жооп берген эле.
  • Залкар “Манаста” 
    “Түгөнгөн сайын түтөгөн…” деген саптар шумдук эми…
    ✔ 1916-жылы кырылып калаарда Өктөбүрдүн таңы бир сактады кыргызды;
    ✔ 1991-жылы кыргыз насили биротоло кИргИздеп кетээрде жаңы заман жана бир сактады кыргызды;
    ✔ эми селдебайланып кетээрде дагы бир Залкар Себеп кыргызды кыргыз бойдон калтырам деп күтүп тургандыр
  • Эмилбек Каптагаев Мен да Жаныбек мырзаны “Каттамасынан” бери сыртынан билем, жазгандарынын баары болбосо да колго тийип, көзгө көрүнүп калганын окуп жүрөм. Көз карашына, дүйнөтаанымына толук макул болуш кыйын, бирок Жаныбек мырзанын өжөрлүгү, көктүгү, тажабай кылган аракети мактоого арзыйт. “Канду жол” атту чыгарманы сайтына кыстара койом деп жапа тартып кала жаздаганын уккандан бери урматтоом дагы артты. Бирок жеке тааныштыгыбыз жок. Жыргалбек Ажыматтын устат катары карманганына жүйөө бар, бул талашсыз деп ойлойм.
  • Эмике, сизге бир топ сунуштар бар эле, айта берсем эртелик кылбас бекен?
  • Эмилбек Каптагаев Анда мен деле Жаке деп кайрылайын, осол деле болбойт го… Ансыз деле азыр бул жерде отурбайынбы, айта бериңиз ЖАКЕ
  • Эмилбек Каптагаев Болбоса Жекече поштомо жазсаңыз деле болот, ulut57@gmail.com
  • Асыран Айдаралиев Эмилбек мырзанын кечиндеги байланышка жооп бере турганга сөздөрү калбай калып жүрбөсүн, айарлап турбайлыбы?..
  • Эмике, эки маселе:
    1. Кыргыз китептерин сатуу үчүн базар керек болуп жатат. Себеби кадимки “Кыргызкитеп” бирикмеси өлгөн, анын ордуна келем деп аракет кылып жаткан Китеп палатасы ордунан жылалбай турат. 

    Кыргыз китебинин абалы кандай экенин өзүңүз деле билесиз, чагымда. Анын жанында орус китептери ышкырып кетип жатат “раритет” аркылуу дегеним.

    Мамлекет, шаар башкармасы жер бөлүп берсе Америкалык Басмакана каражат жагынан жардам беребиз дептир.

    Такыр болбосо кыргыз ишкерлери деле жардам берет болуш керек.

    Азыр кыргыз китеп жана жалпы эле гезит базары “Вечерканын” жанында кудайлап иштемиш болуп жатат. Кууп жатышыптыр ал жерден.

    Менин болжолумда Жазуучулар Сойузунун алды, “Нуска” кыргыз дүкөнүнүн алды жагындагы Сейилбактын аллеяларына кудум “Алатоо” кинотеатрынын алдындагы Сүрөт галереясындай кылып, КИТЕП жана ГЕЗИТ галереясын жасаса болот беле?

    Кантсе да руханий байлык, кыргыз насилине керек. Ошо сүрөт галереясындай кылып жеңил жана кооз жасап койсо болот ко дейм, ар бир сатуучуга ылайыктап.

    Биринчи маселем ушул. Бу тууралуу “Кыргыз Көчү” Асыкенин жардамы менен Өкмөткө кат дайарбап жатышат.
    Азыркы өкмөт зор иш кылган болот эле ушу базарды тактап алсак.

    Өндүрүш керек дейт айрымдар. Басмакана керек, албетте. Бирок сата турган жериң жок болсо, өндүргөндө не пайда?!

    Маселенин ушул жагына урматтуу Президент бир көңүл буруп койсо, бу базар Кыргыз Тилине жана Дилине да кызмат кылат эле. Храм сыйактуу да, айтор.

    Сиздин көз карашыңыз?
  • Экинчи маселени биринчи маселеге жооп алгандан кийин жазайын…
  • Эмилбек Каптагаев Жаке, китеп базары тууралу сунушуңузду колдойм, жылдырууга колдон келген жардымымда берүүгө даярмын. Мен “Нускага” көп кирем, чынында кейиштүү көрүнүш, кичине кепеге тыгылып турганы уйат эле…
  • anybek Janyzak –
    Эмике, мына муногу жерди караңызчы:

    http://youtu.be/kv2NnpEvK-g

    www.youtube.com
    Китеп базарын ачыш керекпи дейм Бишкекке. Кантсе да руханий байлыкты камтыган ба…Еще

  • Janybek Janyzak –
    Азыр дайар болот, эртерээк кой салыптырмын
  • Эмилбек Каптагаев Кыргыз тили эгемендик жылдарында СССР кезиндегиден да оор авалга келип калды, бул жөнүндө мындан эки жыл мурда Роза эжебиз Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө айтты эле, айрыкча китеп басып чыгуу, аны таркатуу, ар бир үйбүлөгө жеткилең кылуу маселеси боюнча. СССР маалында ар бир үйбүлө гезиттерге жазылып пошто аркылуу алып туруучу, ар кимдин үйүндө чакан китепкана боло турган, азыр ал жок…китеп эмес айылдарга гезит жетпейт, окугандары жалаң ушак…
  • Эмилбек Каптагаев Жаке, ал жакты деле, балким башка жакта деле ылайыктуу, кенен жер табылышы мүмкүн… Аракет кылалы бирге.
  • Эмилбек Каптагаев Көчмөндөр, бул жердеги жарыя болгон тексти кантип Үвөрдкө көчүрүп алса болот, оңой жолу барбы???
  • Jyrgalbek Ajimat Бар, белгилеп аласыз, ctrl+c (көчүрүп алып) жана Вордду ачып ctrl+v (таштайсыз). Белгилеп чыгуу бир аз оңтойсуздук жаратышы мүмкүн
  • Эмилбек Каптагаев Дароо баштан айак болбойбу???
  • Jyrgalbek Ajimat Болот, мен сизге жиберем азыр
  • Janybek Janyzak –
    Жыргал, көчүрөөрдөн мурда ар бир жорумдагы 
    See More
    дегенди ачыш керек, анан баары ачылган соң гана көчүрүш керек, менимче.
  • Jyrgalbek Ajimat Ооба биринчи ачып алдым албетте
    Арасында кээ бирлерин көрбөй эле калбасам ойдогудай эле, буюрса.
  • Jyrgalbek Ajimat Эмилбек агай ачылдыбы сизде? WORD 2010 болчу да…
  • Мирлан Мазеков Суроо берүү боюнча кайсы жактан орун алайын?
May 17

Улуу жана сулуу тил!.

1984-90 ж.ж. Москвадагы М.Горький атындагы дүйнөлүк Адабият институтунда окуган. 1990-92 ж.ж. «Адабият» басмасында редактор, 1992-97-ж.ж.КТРда улук редактор, комментатор, 2000-05 ж.ж. КУАДТ да Адабият бөлүмүнүн башчысы, 2007-ж. Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында Башкы Редактор, фильмдерге редактор, котормочу, сценарист, “Де-Факто” эркин гезитинде, «Азаттык» радиосунда корреспондент-журналист болуп иштеген. Биринчи ыры «Теңир Тоо» гезитине 1977-ж. жарыяланган, андан соң «Учкун» альманахына, «Ленинчил жаш», «Кыргызстан маданияты», «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым», “Слово Кыргызстана” гезиттерине, «Ала-Тоо», «Литературный Кыргызстан», “Мурас”, “Тулпар” журналдарына, ж.б.чыккан. Алгачкы поэтикалык китеби «Бурганак» деген ат менен 1989-ж. «Адабият» басмасында жарык көргөн. 1991-ж.республикалык Алыкул атындагы поэтикалык конкурс-семинарда 1-орунду алган жана КРнын Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Алтынай Темированын «Генийдин уру» (1994-ж. Барпы театры, Жалал-Абад ш.), «Теңирдин оту» (2002-ж.» Учур театры, Бишкек ш.), «Сынык асман» (2010-ж. КУАДТ, Бишкек ш.) пьесалары Маданият министрлигинин, республикалык жана эл аралык фонддордун конкурстарында башкы сыйлыктарга ээ болгон жана республикабыздын драмалык театрларында ийгиликтүү коюлган: театралдык фестивалдарда «Гран-при», «Жылдын мыкты спектакли», «Мыкты ролдору үчүн» ж.б. сыйлыктарды алган. Алтынай Темирова кызыктуу «Тапан»(2005-ж.) төрт сериялуу көркөм фильминин, коомдо мыкты резонанс жараткан «Айтматов менен коштошуу»(«Тоолор кулаганда»), II-Ысык-Көл кинофестивалынын жанрдык Гран-Присин алган «Кадыржан» жана «Учуу аянтындагы ойлор»(2008-09-ж.ж.) даректуу фильмдеринин киносценарийлеринин автору. “Улуттун улуу гвардиясы”(2012-ж.) даректүү фильминин сценаристи, режиссеру. 1999-ж. «Сорос» эл аралык фондунун конкурсунда Алтынай Темированын «Жезит Айым» котормосу (А.С.Пушкин «Пиковая Дама») башкы сыйлыкка ээ болгон жана «Сорос» фондунан китеп болуп басылып чыккан. Андан тышкары, дүйнөлүк классикадан: Ай Циндин, Сальваторе Квазимодо, Ф.Г.Лорка, Морис Метерлинк, Султан Бабур, Жайыт Кулеби, Юнус Эмре, Дун Пыйлун, Мухтар Шаханов, ж.б. чыгармаларын мыкты которгон жана басма беттеринде, китептеринде жарык көргөн. Алардын ичинде Е.Елимжандын «Жан урааны» (2003-ж.), Морис Метерлинктин «Азиздер»(2005-ж.) «Учур» телетеатрында, Эсхилдин “Фарсылар” (2012-ж.) пьесасы Ош театрында “Ый” деген ат менен Алтынай Темированын котормосунда ийгиликтүү коюлган. Алтынай Темированын чыгармалары кыргыз, орус, фин, хинди, англис тилдеринде басма беттеринде, китептерде жарык көрүп келет. 2000-ж.бери бүткүл дүйнөлүк жазуучулардын «Pen-club» уюмунун мүчөсү. 2005-ж. «Pen-club»дын Хельсинки-Лахти шаарларында өткөн Жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк Конгрессинин катышуучусу. 2003-ж. КР маданият ишмерлеринин Ассамблеясынын мүчөсү. 2008-ж. КРнын мамлекеттик патент кызматы “Кыргыз Республикасынын жазуучулары” маалымдамасынын 1-томуна киргизген. 2010-ж. Маданият министрлигинин “Токтоболот Абдумомунов атындагы” мыкты драматург сыйлыгын алган. 2012-ж. Түрк тилдүү элдердин поэзиясын которуу боюнча “Ак Турна-II” эл аралык конкурсунда финалга чыгып «Диплом” менен сыйланды. 2013-ж. Түрк тилдүү элдердин поэзиясынын Эл аралык 10-Фестивалына катышты. Адреси: Бишкек ш. Ак-Өргөө конушу, Кайберен көчөсү – 10. Үй тел: 412 – 974; Сот.тел.: 0772 – 300 – 181.

Байыркы замандарда бүтүндөй адамзаты Көчмөн жашоону баштарынан кечирип келишкен. Ошол Көчмөндөрдүн эң алгачкысы, башкача айтканда эң улуусу, эң байыркысы касиеттүү – Кыргыз эли! Андыктан биздин тилибиз эң бай, эң улуу жана эң сулуу тил!!!

КЫРГЫЗДЫН УЛУУ – ТИЛИ ДА!

Эне тил сенин тамырың,
Алп чынар терек сыңары.
Асман-жердин өзөгүн,
Көзөп бир өсүп турабы!..

Эне тил сенин тамырың,
Алп байтерек сыңары.
Кылымдар, доорлор өзөгүн,
Көзөп бир өсүп турабы!..

Эң ыйык чексиз байлыгым –
Муундардын жол чырагы!
Жан-дүйнө – энем көтөрүп,
Рух – атам бийик чыгарды!

Баа жеткис асыл байлыгым!
Бардыгын сенден тааныдым,
Түрк тилдүү элдер – теги бир,
Билишет сенин кадырың!

Түбүбүз дешет кыргызды!
Тилибиз теги – кыргыз бу!
Атасы дагы энеси!
Тилдердин, элдин сансыз бу!

Байыркы – кыргыз тили да,
Байыркы – кыргыз дини да,
Байыркы – кыргыз дили да,
Башаттын башы – эли да!

Теңири – ыйык Жараткан,
Касиет – куту даарыган.
Манастан баштап таанысаң,
Кыргыз тил улук баарынан!

Алтынай ТЕМИРОВА. Акын, драматург, котормочу. «Барпы» атындагы адабий жана «Токтоболот Абдумомунов» атындагы драматургдар сыйлыгынын ээси.

May 14

Котормо. «Аннексия» – «Анекси»

 Атыргүл ЗАКИРОВА: «КӨЧМӨНДӨРДҮН КӨҢҮЛҮНӨ!. »

Кыргыздаштыруу иш аркетин мындан ары үзүрлүү улап кетүү үчүн талкууга «АННЕКСИЯ» деген терминди койдук. Урматтуу Достор, карап турбаңыздар, ар бирибиз ынтаа койуу менен жогорудагы кыргызчалоо, которуу иш чараларына тартынбай өз салымыбызды кошолук, анткени эртеңки күнү бул сөздөрдү өз тилибизде коркпой-үркпөй сүйлөп, колдоно ала тургандай болушубуз керек!.
Кеттик анда эмесе!..

ТАЛКУУ, ПИКИРЛЕР

May 13

Котормо. «Геноцид» – «Тукумкурут»

КОТОРМОГО КЕЛГИЛЕ,
СӨЗ КОТОРО БЕРГИЛЕ!.. 

КАДЫРЛУУ «КӨЧМӨНДӨР!»

Кыргыз тилине кээ бир терминдерди, сөздөрдү өз алдыбызча которолу деген идеяны көтөргөндөрүбүз эсиңиздерде болсо керек, «Кыргыз Көчү» тобунун мүчөлөрү?! Анда эмесе ар бириңиздер ой-пикир таштоодон, тилге аз болсо да салым кошуудан алыстабай, тил боюнча билгенибизди бөлүшчүү кезек келди. Кыргыз Көчү тобунун мүчөлөрү бир гана Кыргыз жергесинде жашаган кыргыз атуулдары эмес, дүйнөнүн төрт бурчун убактылуу же биротоло мекендеген кыргыз боордоштор болгондуктан тил маселеси бүгүнкү күнү ар бирибиздин билимизге, салымыбызга, аракетибизге муктаж. Сөзсүз түрдө эки, же болбосо андан көп тилде эркин сүйлөгөн боордошторубуз четтен табылаары бештен белгилүү эмеспи. Демек, баарыбыз жеңди түрүнүп бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон терминдерди которууга кириштик! Ар бир адам өз кесибин баалайт, ар бир адамга өз кесиби кымбат жана жакын, ошондуктан мен да админстартордук укугумдан пайдаланып, “а” деп ооз ачканда эле дипломаттык, эл аралык мамилелер тармагында көп кездешүүчү терминдерди талкуулоону ортого салайын.:))
1. Агрессия,
2. Аннексия,
3. Апартеид ,
4. Геноцид,
5. Вотум доверия,
6. Геополитика.
Кеттик анда эмесе, «Булуттуу көктүн асты менен, буралган чөптүн үстү менен» дейлик да, тилге кошкон салымыбыз, ылайым алдыга койгон иш-аракет максатыбыз ИЙГИЛИКТҮҮ болсун!.  26.04.2013.

Сиздерди терең урматтап Атыргүл ЗАКИРОВА!. 

ТАЛКУУ, ПИКИРЛЕР

May 03

Өксүү.

Мырзабек САМАТОВ. 1987-жылы алыскы Баткен областына караштуу Лейлек районундагы Даркум айылында төрөлгөн. Жеке өзү тууралуу  мактана турган же болбосо кызыгаарлык деле эч нерсе жок экенин эскертет. Атасы математика мугалими болгондуктан Мырзаны да өзү сыяктуу кесипти аркалап, ата жолун жолдоп, математик болсо деп тилечү экен. Бирок кичинесинен эле чоң атасы менен чоң энесинин колунда өсүп калгандыктан чал-кемпирге каалашынча эркелеп, алардын тарбиясын менен чоңойгонуна бир эсе сыймыктанып алат. Билим алып эл үчүн кызмат кылсам деп, ак эткенден так эте тилек кылып жүрүп, бирок көр тириликтин көйгөйүнөн чыга албай кең Орусияга келе берген. Учурда эл катары эле Москва шаарында курулуш жаатында  «евро»  жасалгасы менен алектенип иштеп жүрөт. Бош убактыларында, кээде чымындары козголо калган маалда минтип аз болсо да ыр саптарын тизмектеп, интернет баракчаларына үзбөй жарыялап турат.

«ӨЗҮМДҮН ӨМҮР БАЯНЫМ»

Тамашага ширеп айтаар сөзүмдү,
тез-тез ачып бакырайтып көзүмдү.
Ыдыратпай жыйнап кесиптештердей,
ырлар менен тааныштырам өзүмдү.

Метиркемди карасам мен чынында,
мин тогуз жүз сексен жети жылында.
Тирүүлүктүн сайып жерге желегин,
төрөлүпмүн жыйырманчы кылымда.

Колго кармап ыр чөйрөнүн суулугун,
камыр кылып келип жүрөт жууругум.
Мектептеги математик мугалим,
мен Саматов Мустапанын уулумун.

Чаңга бөлөп кийген кийим этегин,
чаңкап жүрүп күндөп-түндөп жетемин.
Лимузиниң  жүралбаган жолунда,
Лейлек болот менин кичи мекеним.

Кармаганга тилек айтчу балыкмын,
кээге түнт, кээ бирөөгө  жарыкмын.
Эжелерим эттүү  тамак берсе да,
эбин таппай семирбедим арыкмын.

Айтып минтип өздүк өмүр баяным,
аз болсо да келет ишке жарагым.
Караңгыда издесен да таппаган,
кара тору кичинекей баламын.

Жыйырма беш мына азыр курагым,
жубай издеп чыркыраган убагым.
Кайнатамдын көздөрүнү  кашайтып,
келип жүрөт кыздын колун сурагым.

Издеп-издеп ушул болуп күткөнүм,
илгим келди ала куржун жүктөрүн.
Сан жигиттей чонойдум да мен деле,
сакал болуп, мурут  болуп  түктөрүм.

МЕН КЫРГЫЗМЫН! 

Миң жылдарды басып өткөн жарыкта,
мен кыргызмын тамыры бар тарыхта.
Менин элим деп көкүрөк койгулап,
мактанбастан бергим келет калыс баа.

Эр Манастын урпагымын эзелки,
эрме чөлдүн кыйноосуна тең эрки.
Атам кыргыз, бабам кыргыз, мен дагы,
атасымын кыргыз уулдун келээрки.

Алдей айтып арча бешик термеген,
ак мөңгүлүү Ала-Тоону жердеген.
Айкөл мүнөз мен кыргыздын уулумун,
ажал келсе ар-намысын бербеген.

Жандуу күүлөп колго кармап комузун,
желпип ырдап күндүн жети, тогузун.
Кылымдарга өчпөс кылып калтырган,
карт тарыхта кыргыз баскан жол узун.

Казыгына күлүк атын байлаган,
конок келсе күйүп бышып жайлаган.
Куттуу үйдөн чыгарбаган куру кол,
касиеттүү кыргызымдан айланам.

Кыйналганга чайын берип кайнаган,
катылганга кылыч мизин кайраган.
Кудай эгер өмүр берсе дагы бир,
кыргыз болуп жаралмакмын кайрадан.

«ФАНТАЗИЯ»  

Соолутпай сезимимди сүрөп жүрөм,
сени эстеп күн эмес, түн өксүгөм.
Суу буруп мүрөгүнөн махабаттын,
сен үчүн цементке да гүл өстүрөм.

Ай өтсө да жүрөктө бар элесиң,
азыр сен башка жанга жар, энесин.
Чын даамын чыгаралбай жүргөн чагым,
чаташтырып ак сүйүү вареньесин.

Миң издеп бассам дагы канча кыя,
мен үчүн сендей кызга жарды Азия.
Бул мага чын болсо да күмөнү жок,
билемин сага чындап фантазия.

Айланып жүргөн сени боз уланмын,
ашыктык боз жоргосун токуганмын.
Күн кызын башка жанга бергичекти,
кампасы өрттөнсө не кошунамдын.

«КӨК ТЕҢИРГЕ КАЙРЫЛУУ» 

Көк теңир кудуреттүү  жаратканым,
кыргыздын көрдүң  бекен ал-акбалын?
Амалың  акыйкаттан болсо эгер,
аткарчы алсыз жүрөк талаптарын.
Туш кылчы кайрадан кайран элге,
тамга баскан тарыхтын барактарын.

Көктөгү  жылдызды не каратпадың?
көкүрөктү  кырк жеринен канатпагын.
Артка тартып алып койсоң  болбойт беле?
ажолор жеген арам тамактарын.
Тың  чыккан ата уулун алып барып,
түшүнбөйм темир торго каматканың.

Кургур күн кайда алып баратканың?
кыргызга кут жашоону таратпадың.
Ак кызмат ата-журтка кылуу үчүн,
алса не ар бир адам сабактарын.
Түбөлүк калтырбай кыргыз үчүн,
түптүү  элдин рухун неге карактадың?

Кайышып учпай алга канаттарым,
кайгылуу жазылууда жамактарым.
Аллахым азыр деле бере көрчү,
Арстанбек, Женижоктун санаттарын.
Тең  келбес кыргыз үчүн эр Манасты,
теңир не өлбөс кылып жаратпадың?

Кыйылып кылымдык дарактарың,
күүлөнбөй калды темир канаттарың.
Артыңды салбаганың  ырас болсо,
ары кыл ичке сыйбас адаттарың.
Тик туруп кызмат кылган бир кездерде.
тирилтчи Раззаковду жаратканым!

«КАЙНАТАМДЫН КЫЗЫНА» 

Эске түштүң  ээлеп алып эркимди,
эрке сулуу эпсиз ыйга теңсиңби?
Эрме чөлдүн эңсөөсүнө  кабылып,
эсим кетти эптей албай энчимди.

Оролосуң  ойлорумда онтотуп,
ооруларым айыктырчы токтотуп.
Ортосунда сүйүүдөгү  бульвардын,
олтурамын оомат күтүп жол тосуп.

Көкүрөгүм  кабылбасын арманга,
кумар көзүм келе койчу жардамга.
Кезиксем деп күйүт  менен күн санап,
күтүп сени олтурамын ар танда.

Аптыксам  да сени сүйүп ченебей,
азгырасың  ашыктыгым кенебей.
Аян күтөм кудайымдан ар күнү,
арзууң  болсо айтчы мага кенедей?

Жүрчү  элем төштү  кагып мардайып,
жаным сыздап жабыркадым ал тайып.
Жете албай кайнатамдын кызына,
жүрөгүм  да бараткансыйт картайып.

«БИЗ КИМБИЗ?» 

Жаш болсом да көптү угуп көз көргөн,
токтоо тартып мүнөзүм да өзгөргөн.
Чаң чыгара чала угуп сүйлөгөн,
чарчап турам ушак айың сөздөрдөн!

Жамандасак чырактарга май тамгаң,
жан дүйнөбүз жарды сөзгө чайканган.
Туура сүйлөп, туура багыт бербестен,
төрөлдүкпү биз эмне жин, шайтандан?!

Койгун укса капа болот дебейбиз,
кубат болчу жылуу сөзгө кедейбиз.
Өзгө  жандын сый-урматын тебелеп,
өзүбүздү  ай жылдызга теңейбиз!!

Турмушта не оң багытка такшалбай,
тайраңдайбыз айткан сөздү аткарбай.
Тирүүлүктү түшүнсөк биз эгерде,
таза өтмөк жүрөктө  да так калбай.

Өзүбүздү ай жылдызга теңебей,
өчөшкөнсүп кайын сиңди, жеңедей.
Өтсөк эмне өзөгү жок өмүрдөн,
өтүмдүү иш жасап бир аз, кенедей.

Каршы турган батыш менен чыгыштай,
кыйты сүйлөп, көсөп койбой, кычышпай.
Келечекке бирге салып көпүрө,
күлүп өтсөк кызаңдабай, кызышпай!

«ӨКСҮҮ» 

Сен көпөлөк кайкып учкан көктөгү,
санаа тартып а мен болсо жердемин.
Кудай ыйман бере көр деп ый менен,
кыраатыны келтиремин келменин.

Турсам дагы жеңилдигиң түшүнүп,
таразанын ташын неге теңдедим?
Боздогонун калтырсам деп бирөөнүн,
боор ооруп жүргөн байкуш пендемин.

Миң зар какшап кайталадым а бирок,
мен эңсеген мамилени бербедиң.
Көөдөнүңдүн тазалыгы болбосо,
кереги бар сенден мага эмненин?

Буулукканда бура басып колдонгон,
болдум сенин буюм өңдүү эрмегиң.
Өксүп ыйлап өзөгүмө жеткенде,
өз бешигим өзүм араң термедим.

Тарпын тытып кеткен өңдүү кузгундар,
текке кетти түйшүк тарткан эмгегим.
Ызаланып тилдеп ичтен өзүмдү,
ырас болот бул да сага кем дедим!

Мырзабек САМАТОВ, Москва шаары.

May 01

Шор турмуш..

ИЧПЕЧИ ИНИМ!

Кечээ дагы «подземкадан» көрдүм. Мас. БОМЖ дон айырмасы жок, колунда тамеки. Өзүнүн бутуна өзү туралбайт да бирдемелерди булдурап сүйлөп койот. Жүрөгүм жанчылып кеткендей болду, бир туугандын иши кыйын го чиркин!. Бирок, бирок жанына баралбадым, бир эсе элден уялсам, бир эсе баары бир алым жетпейт да, жүр деген менен тилимди ала койбойт го мас неме..

Олдо кагылайын бир боорум ай! Сени ким түрттү бул жолго? Өзүңдү колго алсаң боло? Эркиңдин боштугу, өзүңдүн жооштугуң, сени ушул абалга жеткизди го. Өзүң гана кыйналбай, мени дагы, эжекеңди кошо кыйнадың го берекем. Апам бечара мени силердин азабыңарды тартсын деп төрөп койгон окшобойбу. Неге мынча кыйнадың мени? Жездеңдин алдында деле эмне деген адам болдум? Менин коргоочум, менин боорум деген сен минтип өзүңдүн азабыңдан чыга албай жүрсөң, арызымды, муңумду кимге айтам? Атамдан кийинки атам, колдоочум, жөлөөчүм, төркүнүм болот деген бир тууган инилерим, бириң арактын кулу болсоң, бириң жаман катындын чатынан чыга албай жүрсөң, мен кимге таянам, мен кимге жөлөнөм? Кичинекей жүрөгүмдү бычаксыз бырча-бырча кескиледиңер го садагаларым!. Экөөңдү тең мен ойнотуп, мен көтөрүп, мен чоңойткон элем. Айрыкча Ширинбекти.. Туулгандан баштап оорукчан болду, догдурга саар кеч сүт ташып, «Молоковоз» атка кондум. Мен сексейип сүт, жалаяктарды көтөрүп кирип барганда догдурдагылар “молоковоз келди” деп күлүшөөр эле. Эртең менен келип, түнү менен булганган жалаяк, шымдарды көтөрүп кетип, жууп кургатып, үтүктөп кечкиге апкелчүмүн, чачымды тарашка алым келбей калчу. Ошондо болгону он эки гана жаштагы секелек кыз элем. Ошондой кыйынчылыктар менен жонума көтөрүп, досторума кошулуп ойнобой баккан элем силерди бир боорлорум! Мени кыйнабагылачы. Мен да үч балама керекмин го, качанга чейин, качанга чейин?. Чыдоом түгөнүп баратат, чарчадым! Мага дегеле эчтеме бербегиле, өзүңөр менен өзүңөр болсоңор болду, колумдан келсе жардам берем, келбесе жок, эч болбогондо пайдалуу бир кеңешимди айтаармын..

Уланым, садагам, бир боорум, ичпечи?. Суранам сенден, ичпечи?!. Эмне болсо да сага Кудайым нысап берсин, чырактай болгон эки кызың турат, ошолорду ойлочу? Түшүнөм, уулуң Дармениңди төрт жашында жерге бергенден кийин күчөп ичип кеттиң. Балаң өзү да бир баладай болсочу, шум ажал арабыздан аны алып кетти, тагдырга айла жок экен. Кантебиз, баары Кудайдын колунда тура, Кудайга керек экен, бизди таштап, чымчык болуп учуп кетти уулуң. Эми, баланы табаар өзүң амансың го, сабыр кылып, белиңди бекем бууп, жашооңду кайрадан баштачы. Арактын сазына батып кетпей эч болбосо атабызды аячы, атам байкуш сенин азабыңдан акыркы жылдары кыйын карып кетти. Карыйт да анан, небересин, аябай жакшы көргөн небересин жоготту, чаласына сен ичип, аларды сыгасын.. Балпайып төрдө олтураар чагында, кыйнабачы атамды..

Кудайдан сага сабыр, нысап тилейм бир боорум! Тилегим Кудайдын кулагына жетип, сен ичпей, жаркылдаган келинчектин жары, балдарыңдын мээримдүү атасы жана менин жандай көргөн сүйүктүү палван иним болушуңду гана каалайт элем!..

Самара НАСЫРОВА. Москва шаары.

Apr 27

“Ашан”

ӨМҮР ДАЙРА, А БИЗ АНДА БАЛЫКПЫЗ…

Андыктан өмүр дайрасында балыктай сүзүп жүрүп, ушул жашка чыккычакты ар кайсыл иштин башын бир кармап атып, кечээ жакында эле апрелдин орто ченинде “АШАН” гипер маркетинин “Балык жана деңиз азык-түлүгү” бөлүмүнө сатуучу-кеңешчи болуп орноштум. “АШАН”дын тарыхына учкай токтолсом, 1961-жылы 6-июлда Жерар Мюлье деген ишкер өзүнүн 30дай кызматкерлери менен Франциянын түндүк тарабындагы Рубэ шаарында ачып, бийик дөңсөөдө жайгашкандыгынан улам дүкөнгө “АШАН” деген ат ыйгарган. (Французча бийик дөңсөө “О Шан” деп аталат). Башка маркеттерге салыштырмалуу “АШАН”дын буюмдары болуп көрбөгөндөй арзан жана сапаттуу. Ушундан улам тез арада эле “АШАН”дын ташы өргө кулап, кулачын жер шарынын ар кайсыл шаарларына жаят. Ал эми Орусияга 2002-жылы ачылат. Учурда Орусияда “АШАН”дын 35 гипермаркети иштеп атыр. Бул тууралуу “АШАН”га орношкон алгачкы күндөрү үч күндүк окуу-тренингде окутуучулар маалымдашты. Жакшы жери, окуган күндөрүбүз да иш сааты катары эсептелип, маяна эсебине жазылат. Бу да болсо француздардын иш билгилик ыкмасы экенине баа бербей кое албайсың. А болбосо көптөгөн орус мекемесинде алгачкы үч күндү бекер иштеп, эшек сымал сүтү арам, күчү адал немеге айланарың аштан бышык го. Айта кетүүчү дагы бир нерсе, “АШАН”да иш графигиңди менеджерлер менен кеңешип-таңашып тактасаң болот. Биздин бөлүмдүн кызматкерлери 2 сменада тактап айтканда, 1- смена таңкы 6:30дан тартып, 15:30га дейре, ал эми 2-смена күндүзгү 14:00дөн тартып, 22:30га дейре иштешет экен. Өз каалоом менен 2-сменаны тандадым. Себеби, мен үчүн таңда уйкудан ойгонуш тозокко тете. Анүстүнө, көпчүлүк менен чогуу турган Орусиядагы батирде түн ичи эртерээк укташ да азап. Бири балчылдата сагыз чайнап, бири дүңкө-даңк музыка тыңдап, бири телевизордон Голливуддун курч окуялуу тасмасын тиктеп, бири шалпылдата тамак жеп, бири уюлдук телефондо ким бирөө менен үнүн бек чыгара бакылдап аткан жагдайда, түн бир оокумга дейре уктай албай, башыңды жаздыкка катып, төшөгүңдө суудан кумга ыргытылган балыктай чабалактамагың турулуу иш. Эптеп көзүң илинип кеткен чакта, сааттын ачуу чаңылдагы түшүңөн чоочутат. Ойгонсоң саат жебеси 05:00дү көрсөтүп, таң сөгүлүп келаткан болот. Уйкулуу көзүңдү ушалап, шишип-көөп жумушка жөнөйсүң. Эки-үч сааттык уйкуда толук эс албай, өзүңө келалбай чарчап-арыган денеңди сүйрөп, таңдан-кечке иштеш да оңой эмес. Эми болсо жыргап эле калбадымбы, 2-сменада иштеп. Айына 21 күн гана иштейм. Маянам деле Кудайга даттанбагыдай.

Баарынан да балдарымын апасына жыргал болду. Жапон ресторанындагы ашпозчулук жумушуман бошоп, дээрлик 2.5 айдай колоктоп бош жүрүп, жаңыдан жумушка орношконума, кадыресе ичи жылыгандай. Өткөндө маяна алган экен. “Садовод” базарына барып, бир сыйра жазгы кийимдерди сатып берди, мага. Үйлөнгөнүмө 10 жыл толот, быйыл. Ошондон бери биринчи жолу аялым кийим сатып бериши. Биресе, жагымдуу эле болот экен. Ыраматылык апам эсиме түштү. Балапан кезимде апам ээрчитип барып, кийим-кече сатып берген күндөр. Дал ошого окшоп, аялым да мага кийимдерди сатып берип, денеме жарашкан кийимдерди көрүп, кадимкидей кубанып, кадимкидей мээрим төгүп турду, кадимки апама түспөлдөшүп. Жаш өйдөлөгөн сайын аялың деле аялдай эмес, апаңдай болуп калат тура. Базардан кайтып, түз эле үйгө келбей, жолдон “БУМ” деген супер-маркеттин 2-кабатына көтөрүлүп, коомдук тамактануучу жайлардын биринен бир кружкадан сыра ичип, ачуу даамданган тооктун канатын жеп, аркы-теркини сүйлөшүп олтурдук. Кайран аялым! Учарыма канатым го. Акылынан айланайын. Менин адам болушумду гана каалаган, ысык-суугумду тең бөлүшкөн, эч убакта сатпаган, жашоодогу эң кымбат, кыйышпас жароокер өмүр шеригим го. Мындан ары эч убакта көңүлүнө көлөкө түшүрбөөгө сөз бердим, ичимен. Муңайыңкы тагдырымда бир апаман жана да бир аялыман башка ыйыктыгын жүрөгүмө мөөрдөй баскан бир да бир аялзаты жок экенине көзүм жетти.

“АШАН”дын башка бөлүмдөрү кандай экенин билбейм, мен иштеген “Балык жана деңиз азык-түлүгү” бөлүмүндө иштөө өтө кызыктуу. Шумдугуң кургур, балыктын түрүнөн баш адашат. Өмүрү атын укпаган түркүн түстөгү балыктарды кармалап көрүп, кардарларга таразага тартып, баасын бычып, билбегендерге кеңеш берип атып, иш саатыңын кантип аяктаганын сезбей каласың. Анан да бу орустарың балык дегенде эт-бетинен кеткен улут окшобойбу. Маяналарынын басымдуу бөлүгүн балык сатып алууга жумшашса керек. Баарынан да “Дорада” деген балыкка болгон талап жогору экен. Сөөк-сааксыз, кылкансыз ушуреки балыкты унга булап эле, майга куура берсең жарашат. Асыресе, коон тилиминдей бир кесими эле 1200 рублдан жогорку бааны чапчыган норвегиялык “Треска” деген балыктын жалаң сулп эттүү стейкин (коон тилиминдей кесими) көрүп, таңгалганым, ай! “Тресканын” 5 стейкин бир сатып алгандар да бар. Мындайча айтканда 5 стейктин баасы 6000 рубль. Кыргыз валютасына которгондо 9000 сом. Кыкеңдер бул суммага балык эмес, куйруктуу кой сатып алат эмеспи.

Балык сатып алууга турган, уп-узун, жыландай чубалжыган кезекти тиктеп, кээде балык туурасында айтылган накылдар, ырым-жырымдар, окуялар ойго келет. “Балык жесең түшүң оңолот”, “Балык жеген бала акылдуу болот”, “Балык түшүңө кирсе, байлыгың арбыйт”. Балык – тазалыктын символу. Окус наристелер эрте жашында чарчап калса, аларды каза болду дебестен балык болуп сүзүп кетти деген да сөз бар. Анткени, али кыянаттык кылуу, уурулук жасоо, ушак айтуу не экенин билбеген наристелер таза, күнөөсүз немелер го. Ушинтип, эрте жашында ичер суусу түгөнүп, балык болуп сүзүп кеткен наристелер Кудайдын мээрими түшүп, түз эле бейиш багын аралашы айдан ачыктыр. Бирок да “Балык башынан сасыйт” деген сөз анчейин жага бербейт. Башынан сасыйбы, башка жагынан сасыйбы, өлгөн соң кай жандык болбосун, баары бир сасыйт эмеспи. Менимче, ушул сөз, орой айтылгандай туюла берет.

Бала кезден эле негедир, балык этин аябай жакшы көрөм. Мындан алты жыл илгери, Екатеринбургда, беш жылдыздуу мейманканада тазалык сектору болуп иштеп жүргөнүмдө ар шаршембиде түшкү тамакка балык этин берер эле. А мага болсо кара басып, ошол күнү дем алыш эле. Анан шаршембиде иштеген Кара-Суулук Хусейин деген шеригим менен кеңешип, графигимди алмаштырып, шаршембиде иштегенге өткөм. Анткени, шеригим балык этин жек көргөндүктөн, (айтымына караганда Санкт-Петербургда балык складында иштеп жүрүп, балыктан көңүлү үч көчкөн журттай калган имиш) шаршембиде ишке келгени менен балык этинен даярдалган тамактарды жей албай, азаптанып, ачка да калчу экен. Ошентип, менин балык этин жакшы көргөнүм, биресе, ага да оңдой берди болду бейм.

Балык тууралуу дагы бир окуя. Окуучу кезим. Бир ирет шаардан айылга барып калдым, эс алганы. Үч айлык эс алуу күндөрүмүн биринде Абдипатта деген аяш атам түн ичинде мени балык уулаганы дарыяга ээрчитип алды. Айдын жарыгында шоокуму күнчөлүк жерге угулган, күрпүлдөп аккан дарыянын агымына каршы төмөн жактан аяш атам тор салып, а мен болсо жогортон төмөн карай балыктын баарын үркүтүп, айгай сала агып, анан үрккөн балыктар топ-тобу менен аяш атамын торуна түшүп, Үркөр жылдызы көк бетинен өчкөнчө эки каптай балык кармаганбыз. Аяш атамын ченеши боюнча, бир жарым карыштан кичинелерин кайра сууга ыргытып, жалаң чоң балыктарды бир капка толтуруп, үйгө кайтканбыз. Үйгө жеткенде аяш атам “Уулум, мен бул балыктарды балык уулагандын кумары үчүн гана кармадым. Жегенден деле тажагандай болгом. Кийин-соңу “Аяш атам менен бирге балык уулаганы бардым эле” деп эстей жүргөнүңө жакшы. Ошого атайын сени ээрчитип албадымбы, Акылтайым” деп башыман сылап, өзүнө он чакты балыкты алып, калганын мага карматты. Ыракматымды кайра-кайра айтып, аяш атам менен жылуу коштошуп, корообуздун босогосун аттадым. Үйдөгүлөр менен ошол балыктарды бир апта кууруп да, шорпо жасап да, ичип-жегенибиз, азырга чейин эстен кетпейт.

Ал убакта бойдок элем. Аксылык акын агам Нурлан Калыбековдун жетегинде кыргыздын көз мончогу Сары-Челекке барганымчы! “Улуу көк менен бүткөндөй, улуу көк жерге түшкөндөй” деп кайран Нукем ырга салгандай чынында эле Сары-Челек көлүнүн көркү көз кубантарлык. Балыктары суу бетин бербей калкып жүрүшкөнүн көрүп, толкундабай тура албайсың. Кайырмак салып, кайыкка түшкөн чак. Кандай гана керемет! Токойчулар менен бирге чатырча тигип, дээрлик бир жумадай жаткам, көл жээгинде. Күнүгө балык жеп, оңуп эле калгам. Ал тургай токойчунун бир агала ую бир казан балыкты жеп атканына да күбө болгом. Кийин ушул тууралуу шаардагы досторума айтсам “Койсоңчу, ай, уй дагы балык жейт бекен, калп айтпачы!? Балким, уй эмей эле ак аю жеген болбосун” деп ишенишпей керкакшык узатышат. Мага эмне, ишенсе-ишенбесе өз эрки да, алардын, көзүм көргөн чындыкты гана айттым да.

Кайра-кайра гастролго чыгып, айлап-жумалап, үй бетин көрбөй, концерт коюп, жер кезген артисттердин жашоосун дөңгөлөк үстүндөгү өмүр деп коебуз го. Анын сыңарындай менин жашоом деле артисттердикинен ныпым айырмасыздай. Кыргызстанда экенимде журналисттик кесипти аркалап, иш сапарым менен жети дубанды эң кеминде жети-сегиз ирет түрө кыдырдым шекилдүү. Өмүрү айылынан алыс узабаган кайсыл бир аксакал айткандай “Саарда күн биздин айылдын башынан чыгып, кечинде кайрадан биздин айылдын этегинен батат” дегенчелик тейде караңгы бойдон калбастан, эл-жер кыдырып, жолдо жүрүп, жолдо эс алганга не жетсин. Буюккан чериң жазылып, муң-кайгың кайдадыр житет. Антсе дагы, көңүлүмө Бишкектен чыгып, жеңил машине менен түштүктү карай кеткен жолдогу “Чычкан” капчыгайында өргүгөн көбүрөөк ыначу. Анткени, аты аталган капчыгайда мөңкүп аккан тоо суусунда агымга каршы сүзгөн балыктарды кууруп сатчу. Андагы балыктын даамы ай! Вах-вах, эй! Сонундугун сөз менен сүрөттөп бере албасмын. Ошондонбу, ар бир ирет түштүктү көздөй сапарга аттанарда энем эркек төрөгөндөй, жоголгон буюмум табылгандай кубанар элем, ачыгында.

Мурдакы жылы Москвада “Айкөл Манастын” айкели тургузулуп, ачылыш аземине күнөстүү Кыргызстандан ат арытып, жол карытып, ажобуз Алмаз Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы келгени көпчүлүккө маалым. Ошол топтун катарында манасчы агам Рыспай Исаков да келип, канчалаган кыргыз кандаштарынын канын дүргүтүп, жүрөгүнө жылуу сезим тартуулап, өтө берилүү менен манас айтты. Аземдин эртеси күнү Рыспай агама кезигип, Кыргыз Элчилигинин имаратында жайгашкан мейманканада сүйлөшүп олтурдук. Анан Ракем “Акылбек, Москвага келип куру кол кетпейин, үйдөкүлөргө белек-бечек алайын” дегенинен дүкөн да кыдырдык. Ар түркүн белек-бечектер менен кошо ЭлТРдин директору Шайырбек Абдырахман уулуна атап бир банка “Сельд” балыгын сатып алды. Көрсө, “Сельд” балыгын аябай жакшы көргөн Шакем “Ээ, Рыспай, Москвага баратасың, кайтарыңда сөзсүз балык ала келчи” деп атайын дайындаган экен. Ошондо алыскы Москвадан балык алдырып жегиси келген Шакеме жана да досунун бир ооз сөзүн кыялбай атайын балык сатып алган Ракемин убадага бек турган чыныгы жигиттик ариетине суктангам, ак пейилден.

Баарынан да аквариумдагы кызыл-тазыл, балатынын кооз оюнчуктарына окшогон майда балыктарга көз тигилткенди жаныман артык көрөм. Айрыкча, аккардеон коштогон Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Жолдошбек Мамажановдордун музыкасын тыңдаганча, аквариумду тиктеп отурсаң, оюң оболойт. Асыресе, адам болуп жаралганыңа астейдил кубанасың, ушунакай укмуш жарыкчылыкта узак-узак жашагың келет. Балык болуп сүзгүң келет, өмүр дайрада. Тилегеним, өмүр дайрабыз соолбосун. Толкуп-ташыган калыбынан жазбай ага берсе. Айда-десеңчи, Пушкиндин “Алтын балыгы”! Ушул каалоому орундата көрсөңчү. Болгону бир гана каалоом бар. Өмүр дайрабыз эч-эч убак соолбосунчу…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары, м. Крылатское. 23.04.13.

Apr 20

Кыргыз «борум».

*****************************************************************************************************************

САГЫНЫЧТЫ ЖАЗДЫҢ СЕН, САН-МАРИНО..

Бүтүндөй аймагын тегерете Италия өлкөсү курчап турган дүйнөдөгү эң кооз жана тепкедей чакан өлкөгө чогулуптурбуз. Калкынын саны болгону 32 миңдин тегереги дешти. Тээ атам замандан бери эле эгемен өлкө болуп эсептелип алышыптыр. Эң кызыгы элин башкарууга эки гана капитан-регент шайланып, болгону алты ай иштеп, анан башкаларга өткөрүп берип турушат экен. 60 депутатын ар беш жыл сайын алмаштырышат. Бир эле Монте-Титано тоосунун (деңиз деңгээлинен 738 метр жогору турат) чокусуна чейин мизилдете жол салып, кереметтүү, кооз шаар куруп алган байгер эл тура.

Сан-Марино. Монте-Титано тоосунун туу чокусундагы бүт аймакты көрсөтө турган аянтча. Сүрөттө солдон оңго: Венера Жуматаева, Айнагүл Мамырбаева, Рыскүл Тогомбаева жана журналистер Пит Баумгартнер, Асыран Айдаралиев Кайрат Биримкулов.

Салык төлөм дегенди билишпейт. Баалары Италияга салыштырмалуу кыйла арзан. Тилдери италиялыктардыкы, бирок эч кимдин көзүн карап, башкаларга таптакыр баш ийишпейт. Так ушундай жомок сыяктуу өлкөнүн суусун ичип, туз-даамын татып, бапырап чогулуп, туптуура үч күн жашадык, ар өлкөдөн агылып, 2-кыргыз форумга келген кыргыздар.

2 – Кыргыз форумдун салтанаттуу ачылышы.

Чогулуштун башкы максаты бүтүндөй дүйнөдөгү кыргыздардын башын бириктирүү, кыйналып кысталгандарга жакындан жардам көрсөтүү, ар өлкөлөрдөгү диаспоралардын алака байланыштарын күчөтүүнү көздөшүптүр. Башталып-башталбай жатканда эле ар кандай сынга кабылган кыргыздардын жыйналышына катышкан адам катары өзүмдүн жеке ой-пикиримди ортого жая салып, айтып-деп кетпесем болбос. Түрдүү кыйынчылыктарга карабай жыйналыш өтө турган жайды абдан жакшы жерден тандашыптыр. Ошол жердеги эң негизги жүктү, уюштуруу маселелерин аркалаган жаш жигит Жанатбек Шаршеев баш болгон уюштуруучуларынын тызылдап чуркап жүрүшкөнү астейдил ичибизди жылытты. Ал азаматтарга өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем! Албетте, оош-кыйыштары, кеткен кемчиликтери да болбой койгон жок, ансыз кайдан? Иш аракет жасалган жерде гана кемчилик болот эмеспи..

Рим шаарындагы “Fiumicino” аэропорту. 7-апрель, 2013-жыл.

Кыргыз форумга кандайча барып калдык? Жеке өзүм эки-үч ай бою «кекиртекти кысып», үй-бүлөлүк каражатты  үнөмдүү жолго салып жатып, тыйын-тыпыр чогултуп, аталган кыргыз жыйналышка атайын эле алтындай убактымды коротуп үч максат менен бардым. А бирок туптуура эле кылыптырмын..

Биринчиси,
кыргыз боордошторум менен жолугуп, сагыныч-букту жазып, жүз көрүшүп баарлашып, бир бажакташып келели дедим. Үч жылдан ашты, кыргыздар менен бир жерге чогулуп, кең-кесир баарлашпаганыбызга, көп кыргыз көрбөгөнүбүзгө. Европа айдыңындагы өлкөлөрдүн ар биринде жок эле дегенинде жүз ашык кыргыз бар экен, азырынча «апендицитке» айланып, оолагыраак, кыргыз барбай четте турган өлкө жалгыз эле ушул Финляндия экен. Тааңгөрү, өзүңдүн эле эл-журтуңа, тоолук кыргызыңа не жетсин, аз күн болсо да сагыныч-чер жазыла түштү, кулач жая кучакташып-жытташып атып кадимкидей кыргыз жыттанып эле калдык, буркурап..

Экинчиси,
«Кыргыз Форумга» катышып, байкоочу катары барып, баам салып, колумдан келе турган иштери болсо кол кабыш кылсакпы деген дагы ой болду. Кандай болгон күндө да чет эл, чет жер деген ченебей эле четтик кылат эмеспи, ар кандай жардамга муктаж боордошторубуз андан бетер көп демекчи.

А үчүнчүдөн болсо жөн гана италиялык улуу сүрөткер, бедизчи жана архитектор Леонардо да Винчи төрөлгөн өлкөнү көрүп, анча-мынча саякаттап, «күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет» дегендей дүрбөп, Италия менен «ооруп», обу жок ээлигип алганыбыз да чын. Жыйынтыгында Рим, Неаполь, Касерта, Болонья, Римини, Сан-Марино жана Милан шаарларынын мерчемдүү көчө-жайларын аралай басып көрүп, көңүлүбүз ой-даа көтөрүлүп кайттык. Ал саякатыбыз тууралуу «Италия кайрыктары» аттуу жол дептерим менен кийинчерээк тааныштырам, чыдай туруңуздар?

Мен эле эмес форумга келгендердин баары эле кандайдыр бир иштиктүү, жакшы ой-максат менен келишкен мекенчилдердин тобу болуптур. Ушундай мекенчилдикти бир гана нерсе тузун кемитип, азгантай супсак кылып, анча-мынча көңүлдү чөгөрүп койгону болбосо калганы жакшы. Ал жөнүндө аягында айта кетээрмин. Форумга катышуучулар өз Ата-Мекенибизден, АКШ, Оруссия, Түркия, Эмират, Германия, Чехия, Швеция, ал гана эмес алыскы күн чыгыш өлкөсү аталган Япониядан да эки кызыбыз келиптир. Албетте, анан Италия.

Сан-Марино шаарындагы дүйнөлүк 2-Кыргыз Форумга келишкен делегаттар. 

Ошентип 11-апрель күнү каш карайып калган маалда Сан-Марино шаарындагы заңгыраган мейманканадан жай алып жатып калдык. Чектеш жайгашкан Италиянын Римини деген шаарынан Улук деген жигит менен Назгүл аттуу татынакай карындашыбыз жылуу жумшак тосуп алышты. Жүргөнү билинбей зыпылдап учкан кычыраган таптаза «тез жүрүүчү поезд» менен келсек деле эсибиз ооп калган экен, орун алаарыбыз менен «оңкодон» түшүп уйкуга кетиптирбиз.

“Замандаш” Ассоцациясынан келген өкүл Азамат Айтбаев менен.

“Вечерний Бишкектин” кабарчысы, кесиптеш иним Азамат менен.

Эртеси таң атпай туруп, жазанып-түзөнүп алып кыргыз жыйынга катышып отуруп калдык, койкойуп. Кыргыз жергесинен келген аттуу-баштуулардан «Шоро» компаниясынын анабашы Табылды Эгембердиев, КР Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, КТРК кызматкерлери Элмира Тезекбаева менен оператор Алмазбек Абдраимов, «Вечерний Бишкектеги» кесиптеш иним Азамат Касыбеков, «Замандаш» ассоцациясынан дагы бир Азамат Айтбаев деген иним келиптир. Азамат жөн келбей «Замандаш» журналынын жаңы жылдык санынан бирди атайын көтөрө келип, расмий колумду кысып тапшырганы мага абдан жагымдуу болду деп койсом болот. Анткени ал журнал өткөн жыл жыйынтыгында мени «Замандаштын» «Жылдын мыктылары» аттуу сыйлыгынын «Ала-Тоолук Азамат» деген аталыштагы «Алыстагы сыймыктануучу инсаны» номинациясынын жеңүүчүсү деп таап, атайын статуэтка менен диплом ыйгарышкан. Ошондогу сый-урматтан азырынча ушул журнал гана колума тийип, кудуңдап, жетиналбай жаткандагым да. Андан тышкары алыстан келген Табыкенин Шоросу менен Танынан да ооз тийип, даамын чала-була татып калдык.

Жыйын жалпылап айтканда жакшы өттү. Көйгөйлүү көптөгөн маселелер айтылды. Ал тууралуу «Азаттык» үналгысынын Прагадагы жетекчиси Венера Сагындык кызы чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүнүн урунттуу учурларын сыясын кургатпай туруп жарыялап жатты. Анын баарын кайталап отуруунун кажети жок деп ойлойм, ошондуктан каалоочулар ушул шилтеме менен барып кененирээк таанышып алсаңыздар болот..
http://www.azattyk.org/contentlive/kyrgyz_diasporas_forum_san_marino_apr_2013/24955800.html

“Азаттык” радиосунун Прага бөлүмүнүн жетекчиси Венера Жуматаева иш үстүндө.

Чет жерде жашаган боордошторубуз кадам сайын кабылып турган кандай гана көптөгөн көйгөйлөрү бар экенин укканда кейип деле кетет экенсиң. Ушулардын баары айтылды. Айтып-деп койуш албетте оңой, а иш жүзүндө кандай, иш жүзүнө ашабы деги, мына маселенин мааниси ушул жакта калды, көмүскөдө көрүнбөй. Өткөн жылдагы Форум жыйынынын кабыл алган маселелеринин бири да аткарылбаптыр, тилеке каршы. Ар өлкөнүн ар башкача мыйзамы, талабы бар экени талашсыз, бирок анча-мынча маселерди четинен чечип бере турган элчилик, консулдук бөлүмдөрдүн жоктугу абдан чатак болуп турат. Ошол Форумду уюштурган италиялыктардын өзүндө эле чачтан көп маселелер бар экени кайра-кайра айтылып жатты. Андан да ал өлкөдө жашаган кыргыздардын саны оголе көп дешти, тагыраак айткан адам болгон жок, бери дегенде эле төрт-беш миң чамалап барат го сыягы. Тээ түштүгүндөгү Касерта деген чакан шаарчасында эле 200 ашык кыргыз бар экенине ишенип, айрымдарына жолугуп, баарлашып да калдым. Пицага чакырышат экен түз эле кимиси болбосун, биздин таптамага окшогон табактай камыр нанды италиялыктар өтө сыйлуу тамак дешет тура көрсө.

КР Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев.

«Италиядагы кыргыздарды коңшулаш жайгашкан Швецариядагы элчилик көзөмөлдөшү керек эле, мен аны ачык эле айтып койойун, каражатынын чектелүү болгонуна байланыштуу ал элчибиз келалбай калды» деди Болот Отунбаев. Анан чөнтөгүндө өзүнө жеткидей ашыкча акчасы жок жүргөн элчи канткенде кыргыздарга жардам берип, канча кыргызды канатына калкаламак эле? Ооба, көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилиши ошол эле каражатка барып такалып, көз каранды болуп, айтылганы менен аткарылбай калып жатканы баарыбызга эле түшүнүктүү болду. Ошондой болсо дагы Болот мырзанын «бул жактагыларга түздөн-түз тиешем болбогон менен азыркы айтылып жаткан маселелердин чечилишине жардам кылууга, расмий бийлик өкүлү катары Кыргыз бийлигине кабардар кылып, жеткирүүгө колумдан келишинче аракет кылам» дегенине ыраазы болуп олтурдук.

“Шоронун” кожойуну, айтылуу ишкер Таабалды Эгембердиев менен.

Жарма жасоонун жаңы ыкмасы менен ишкерликти баштап, карандай таман акы, маңдай тери менен байыган карапайым «бизнесмен» Табылды байке Эгембердиев кыргыздардын Европага, анан калса ушундай жерди таап алып чогулуп жатканына таң калганын жашырган жок. Ыраазы болуп отурду. Себеби дейт «башкы шорочу», тээ 20 жыл илгери кыргыздар бүткүл дүйнөлүк кыргыздарды кыргыз жергесине чогултуп, кыргыздардын курултайын өткөргөн, ошондо чет өлкөдөн болгону 2-3 эле кыргыз келген, башка жактарда саналуу эле кыргыз жашачу, азыр кыргыз барып жашабаган өлкө калбаптыр, ал гана эмес эми минтип өз киндиктерин өздөрү кесип, чогулуп алып маселе чече баштагандары мага аябай жакты» деп агынан жарылып берди. Ал эмес ал кишинин жубайы да чечүүчү маселелерге чечкиндүү катышып, так, даана ой-пикирлерин ортого сала тажабай  айтып, аралашып, өзүнүн боордошторуна чындап күйгөнүн ачык көргөзүп жатканына күбө болдук. Табыке байке биз жашаган финдердин өлкөсүнө да кызыгуусу күч экенин, жактырып  жатканын да жашырбай айтып алды. Буйурса жай айларында сөзсүз келип кетээрин, келээри менен экөөбүз ээрчишип алып кыялга бата деңиз жээктей кыдырып, балык ууламайды да унуткан жокпуз.

«Кыргыз Конгресс» Коомдук уйумунун  Президенти Кубанычбек Кожоев менен.

Канткен менен башталышы «жакшы болду» деп туралы. Албетте көч бара-бара түзөлөт эмеспи. Кыргыз жыйналыштын эмдиги жылкы чогулушу эң көп кыргыз мигранттардан турган, орус жергесинде жашагандар, Маскөө шаарында өткөрмөй болушту. Азырынча ал маселе Маскөөдөн келген «Кыргыз Конгресс» коомдук уюмунун президенти Кубанычбек Кожоевге тапшырылды. Ал эми азыркы форумда айтылып, кабыл алынган резолюциянын канчасы аткарылып, канчасы унут калат баарын убакыт көргөзөт. Алакандай нерсенин деле аржак бержагын карап, мээнет төгүп, акыл-күч жумшап, тызылдап чуркап уюштуруу, кабырганы сындырган каражат маселесин чечүү, майда-чүйдө маселелердин баарын баптап-таптап туруштун өзү эле мүшкүл иш билинбегени менен, чоң жоопкерчилик. Андай нерсени жасап, эңкейип куурай сындырбай туруп алып эле сынтаккандан оңой жумуш жок. Андайга да абдан жөндөмдүүлөр четтен табылып турат. Форум жүрүшү башталаары менен ал жердеги маалымат «Азаттык» аркылуу ааламга тегиз тарай баштабадыбы. Көрүп-билбей эле, толук маалымат албай туруп эле көрдөн алып жерге, жерден көргө ыргыткан пикирлер козу карындай жайнап, кыргыз жолугушуубузду жөн гана ичип-жеп жыргаш үчүн жыйналгандардын тобу, колдорунан кокон да келбейт деген тейде ээ-жаа бербей, ээликкендер да болуптур. Эмне демек элек, ичип-жейбиз да, өз чөнтөктөрүбүздөн чыккан тыйынга ичип-жемиш болгонсудук, курсак курулдаган сайын. Андай учурда айта беришсин, «бир ит көрүп үрөт, экинчиси көрбөй үрөт» деген макалдын маанисине такап койуп,  «кылчуу ишиңерди аздап кылдырата бергиле» деген кеңешимди кошумчалап коймокмун.

Ошентимиш болуп келип эле аягында Форум жыйналышындагы өзүмө анча жага бербеген оркойгон бир кемчиликтин көч башына чыгып кеткенине ичим чыкпай, анда болбосо да азыркы макалам аркылуу акырын кыстара кетүүнү туура деп таптым. Айттым бир ооз, «жалаң кыргыздар чогулган соң кыргызча эле сүйлөшпөйлүбү» деп. Угушкан жок, аракет кылабыз деген тейде андан да катуу күчөп сүйлөп калышты. Бул бир айыкпас оору болду, оорудан арылалбай азапты аштай тартып деле жатабыз мүңкүрөп. Кыргыздар ушуну анча түшүнө бербей койушту эмнегедир. Өз эне тилибизге болгон текеберчилик, карандай кайдыгерлик жаман экен. Кайака барба кыргыздын ушул кылыгы калбады. Кыргызча сайрап турса да кай бир учурда сүйлөгүлөрү келбейт экен, эмнеге экенин түшүнүш кыйын. Ачыгы, жыйынга бир дагы башка улут өкүлү катышкан деле жок. Жалаң «каракезек» кыргыздар келген экенбиз, бирок даярдалган кагаз-кугазы, анысы-мунусу, жыйындын ишин алып баруу жагы аягына чейин орус тилде өттү. Менин башында ойлоп отурганым туура чыкпады, кыргызча түшүнбөгөн, башка тилде сүйлөгөн коноктор бар го, ошон үчүн орусча даярдап койушкан го десем андай деле эмес экен. Бүт баары кыргыз, кып-кыргызча эле сайраган кыз-жигиттер келиптир. Анан эле опурулуп орусча сүйлөгөндөрү чекилик болуп калды. Азыр эми мейли, мындан ары да ушундай улана турган болсо анда мындай көрүнүш алдыларына абдан бийик максат койгон чет жердеги кыргыз форумчуларга эч кандай аброй алып келбейт. Мен буга бөркүмдөй ишенем, анткени азыркы тапта  бүт баардык боло турган иш-чаралар, жыйын-чогулуштар кыргызча өтүшү керек, мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп жаткан маселени ураалап колдоп чыккандын ордуна кайра каршы чыгып, эне тилди чануу-тануу туура эмес, жарабаган жумуш. Жарылдап, «Кыргыз Көчүнүн» жасаган иштерин жарнамалап, кыргызча сүйлөгүлө, кыргыз ӨҢҮ_ңөргө өткүлө деп өкүрүп-бакырып чыксам деле жарашмак мага, атайын барган соң. Антпедим. Жакшы маанай менен келип, жакшы маанай менен кетели, жасалып жаткан жакшы окуянын аягында ысык суу чачып ийгендей болуп, боордошторумдун кыжырына тийип алгым келбеди. Ким билет, балким баарына жагат беле, андагы айтылбаган буктун баарын эми кийинки чогулушка калтыралы. Аманчылык болсо бир жыл деген ачып көздү жумгуча эле келип калат эмеспи.

Сахнадагылар солдон оңго: Тимур Бектурган, Саламат Садыкова, Нури Садыгаалы жана Чынара Капарова.

Маанайыбызды Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, Германияда жашаган таланттуу кыргыз музыканттары Нури Садыгаалы менен Тимур Бектургандын атайын форумчуларга деп даярдаган концерти ого бетер асманга учурду. Шатыра-шатман алакан чаап жыргап уктук. Аягында буулугуп калышкандар тапырата танцыга чыгып, тээ бир далайга дейре шалака-шулак тер чачып, араң-зорго барып басылышты. Негизи немис жергесинен келгендер элчи мырзасы баш, ырчы-чоорчулары төш, доктур, бийчилери биригип алып атайын маршрутка минип келишкендерин, шайыр-күлкү коштогон ынтымактарын көрүп ыраазы бллдук.

Таракандай чачырап, ар ким ар жака тарап, четибизден «оюлуп» кетип жаткан маалда Швецарияда жашаган журналист Кайрат Биримкуловдун үй-бүлөсү менен келип калышы бири-бирибизди кыйып, коштошо албай убара болуп отурган бир тобубузду катуу жандантып жиберди. Мына сага анан, түн бир оокумга чейин «түтөдүк», чеке жарылганча чечиле сырдашып, кыргыз ырларынын, оо, бир далайын созолонтподукпу. Венерага (Жуматаева) рахмат, билбеген ыры деле жок экен, кыскасы алдына адам салган жок, аябай жакшы ырдап да, жыргап да отурдук. Эртеси күнү эки машинеге бөлүнүп түштүк да үч журналист үй-бүлөбүз менен зуулдаган бойдон Милан шаарын көздөй бет алдык..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Финляндия. 19.04.13.

Кыргыз жыйында тартылган көз ирмемдерден «КӨЧ КӨРГӨЗМӨ».

Залкар акын Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлзана эже жана италиялык жездекебиз менен.