Aug 28

Спорт – өмүр..

СТРИТ ВОРКАУТ

Спорт менен машыгуу үчүн спорт зал керек деген – бул жаңылыштык.

Азыркы учурда заман агымы өзгөргөн сайын спорт да өзгөрүп, заманбап спорт түрлөрү пайда болууда. Ааламдашуу доорунда убакыттын тездик менен өтүп жатышы адамдардын залга барып спорт менен алектенүүсүнө көп учурда мүмкүнчүлүк бербей келет. Ошондуктан адам баласы учурдун талабына ылайык нерсени издейт эмеспи. Ошол изденүү менен бүгүнкү коомдо стрит воркаут аттуу жаңы спорт түрү жаралды.

балдшарапаткаСтрит воркаут спорту АКШда коомдун жакыр катмары жашаган геттолордо пайда болгон. Жаралган мезгилин 2008-жылдар деп эсептешет. Геттолордогу ындыкаралардын залга барып машыгуусу биякта турсун, курсактарын тойгузууга акчасы жете бербеген. Ушундай шартта жашаганына карабастан алар спортту сүйүп, аны менен алектенүүнү каалашкан. Кантип? Ушундай абалда алар геттолордун короосундагы турник жана брустарда, деги эле асылууга мүмкүн болгон нерселерди колдонуу менен жаңыча агымды жарата алышкан. Керек болсо бак-дарактарды да колдонушкан. Муну менен алар мындай идеяны көтөрүп чыгышкан: “Спорт менен машыгуу үчүн спорт залы керек деген – бул жаңылыштык. Спорт менен машыгуу үчүн каалоо керек. Көчөдө деле машыкса болот”.
Салттык спорт түрлөрүн алалы. Маселен бодибилдинг. Мыкты дене түзүлүшкө ээ болуу үчүн таш, штангаларды көтөрүп, гантелдер менен машыгуу кажет. Химиялык дарыларды ичүү да сунушталат. Ал эми стрит воркаутта андай нерселерди таптакыр колдонушпайт. Стрит воркаутта “машыгуу үчүн оор нерсени эмес, денеңди колдон” деген принцип бар. Бул спорт түрүнүн жайылышына турникмендердин өзгөчө стили менен айырмаланган машыгуу учурун видеого тартып, интернетке чыгарышы түрткү болгон. ээ 20 аМындай видеонун каармандары эч кандай залы жок эле көчөдө машыккан Haniball сындуу жөнөкөй адамдар эле. Учурда алар воркаутка чоң салым кошкон даңазалуу спортчулар болуп эсептелинет. Жана көптөгөн ири мелдештерде калыстык милдетти аркалашат.

Воркаут алгач геттолордо пайда болгондуктан башында гетто воркаут деп аталып келген. Кыргызчага которгондо короодо же көчөдө машыгуу дегенди билдирет.
Воркауттун түрлөрү:
Воркаут менен шугулданган адамдарды вайбро деп аташкан. Бул сөз бизче англис тилинен алынган “white brother” сөз айкашынан “ак байке” деп которулат. КМШнын аймагында болсо турникмэн деп атаоо кеңири жайылган. Воркауттун 2 түрү белгилүү. Биринчиси гетто воркаут. Мында күч келүүчү көнүгүүлөргө басым жасалат. Экинчи түрү стрит воркаутта күч менен эле чектелбестен, чеберчилик жана фантазия аркылуу көнүгүүлөрдү иштеп чыгууга басым жасалат. Жеке менин изилдөөмдө аталган 2 түрдөн тышкары воркауттун жаңыча түрлөрү бар. Алар – урбан воркаут жана стрит лифтинг.

Урбан воркаут аты айтып тургандай эле шаардын имараттарына асылып машыгуу. Интернетте мегаполистердин бийик имараттарында, мунараларында эч кандай сактоочу каражаттарсыз машыккан адамдарды көргөн чыгарсыздар. Буларды бир чети экстрим сүйүүчүлөр десек да жарашат. Анткени аларга жерде машыгуу канаат алып келбей калган жана дайыма укук коргоо органдары менен пикир келишпестиктерге тушугушат.
Ал эми 2-багыты стрит лифтингде спортчу оор салмактагы нерсени белине байлап алып же тиштеп турникке тартынып машыгат. Демек урбан воркаутта бийик имаратка чыгып кооптуу бийиктикте турганы менен атаандашса, стрит лифтингде оордукту көтөрүү боюнча атаандашышат.
ээ 20 аВоркаут менен атактуу адамдар да машыгууга өтүштү. Мисалы актер Жейсон Стэтхемдин интернеттеги баракчасынан анын желек көнүгүүсүн аткарган сүрөтүн көрүүгө болот. Воркауттун жаңы көнүгүүлөр менен толукталышына дүйнөлүк атактуу би бойлор салым кошуп жатышат. Атай кетсек, брейк дэнс бийчиси Petair`дин интернетке жарыялаган видеолорунан өзгөчөлүктү байкаса болот. Балким бийчилиер да жаңы багыт жаратар деген пикирге келбей койбойсуң.
Эскерте кетсем, турникте түйүнчөктөй түйүлүп, ийилчээктик менен ойногон спортчулар кездешет. Бирок ал стрит воркаут деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Ал колумбиялыктардын улуттук спорту жимбарр.

Украина экинчи мекени:
Стрит воркауттун постсоветтик өлкөлөргө таралышына да жогоруда айтылгандай интернет себепчи. Видеолор аябай кызыгууну жаратуу менен көптөгөн адамдарды спорттун бул түрү менен машыгуусуна тарткан. Алар америкалыктардай базалык түрү менен алектенип тим болбостон, өздөрүнүн фантазиясын кошо башташкан. Мындай өзгөчөлүк айрыкча украин спортчуларына таандык. Эгер Америкада базалык көнүгүүлөрдүн санын көбөйтүүгө басым жасашса, бул жерде андан тышкары санга эмес, техникалык аткарылышына жана жаңычылдыкка аракет жасалган. Натыйжада Украина стрит воркауттун экинчи мекенине айланган. Алсак, 2011-жылы Ригада өткөн Дүйнө чемпиондугунда украиналык турникмэн Евгений Козырь 1-орунду камсыздаган. Кийинки жылы Днепропетровск шаарында орун алган Дүйнө биринчилигинде башка украиналык спортчу Евгений Кочерга чемпион аталып, өлкөсүн ааламга тааныткан. Натыйжада мындай сыймыктуу жетишкендиктер украин жаштары үчүн зор стимул болгон.

Ушул күндөрү да Украинадагы оор абалга карабастан стрит воркаут жактан көп иш-чаралар уюштурулуп, жаңы спорт аянтчаларын куруу менен алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат. Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда заманбап спорт аянтчасынын ачылышы болду.
Кыргызстанга качан келди?
Совет мезгилинде улуттун саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулган эмеспи. Спорттук залдардан тышкары таза абада машыгуу үчүн ар бир мектептерде спорт аянтчалары курулган. Ушундай шарттар түзүлгөнүнө карабастан турник менен брустарда машыгуу массалык мүнөзгө ээ болгон эмес. Кызыгы ал жерге машыгуу үчүн келгендердин негизин жаш муундун өкүлдөрү эмес, пенсия курагындагы улгайгандар түзө турган.

ээ 21 бВоркаут жаштарыбыздын таза абада машыгуусуна шарт туздү. Анын бизде жайылышына америкалык атактуу турникмэн Ганнибалдын видеосу түрткү болгон. Ошол видеолорду көрүү менен машыгууну каалаган жаштардын тобу пайда болду. Мунун баары 2009-2010-жыдарга туура келет. Жаңы спорт менен машыккандар социалдык түйүндөр аркылуу ар кандай жолугушууларды уюштуруп, катары акырындык менен көбөйүп отурду. Кыргызстанда бул жаш спорт түрү мамлекеттин жардамысыз жаштардын демилгеси жана ар кандай демөөрчүлөрдүн көмөгү менен акырындан өнүгүп келе жатат. Мекенибизде стрит воркаут боюнча алгачкы мелдеш 2013-жылдын 27-июлунда Бишкекте өткөрүлгөн.

Башында воркаут үчүн көчө шартында турник менен брустар колдонулса, азыр спортчуларыбыздын суранычы менен атайын аянтчалары орнотула баштады. Азырынча бизде эл аралык стандартка жооп бере турган воркаут аянтчасы жок. Ошентсе да кыргызстандык турникмэндер колдо болгон, совет мезгилинен мураска калган нерселерди көздүн карегиндей сактоо менен сүйүктүү иштерин улантып келишет.

Медалдын 2 жагы бар дегендей жогорудагы оң жактары болду. Биздин воркауттун кемчилигин атай кетсем, ал борбор шаарыбызда гана жайылган. Алыскы аймактарыбыз үчүн ал бейтааныш. Азырынча воркаутерлердин мелдештери да тар чөйрөдө өтүп, шаар маданияты менен айыл маданияты бири-биринен ажырым абалда турат. ээ 21 бБул бир макала менен аталган спортту ар тараптан кенири ачып берүү мүмкүн эмес. Ошондуктан кийинки санда да бул темага кайрылып, воркаут менен машыгуу үчүн эмнеден баштоо керек экендиги тууралуу маалымат бермекчибиз.

Эрлан НУРМАМБЕТОВ. Бишкек шаарынан.

Jul 10

Бейсбол..

БЕЙСБОЛ – АМЕРИКАНЫН УЛУТТУК ОЙУНУ.

(Баш сөз)

Жети атасын жана жетесин билүүнүн зарылчылыгы эмнеликтен экендигин түшүнгөн ар бир кыргыз бейсбол күйөрманы боло алат. 2013-жылы телевизордон көргөн бейсболдон 1880-жылдары менин ата-бабам көргөн бейсболдун ортосунда эч кандай айырма жок. Мен бейсболду абдан көпкө созулган тажатма оюн экендигине карабастан, жан дилим менен жакшы көрөм. Америкада турмуш абдан тез өзгөрүп турат. Ошого карабастан, бир гана нерсе өзүн баштапкысындай сактап кала алды. Ал – бейсбол. Бейсбол командалары (тайпалары) апрелден тарта октябрга дейре дээрлик күн сайын өз ара ойноп отуруп, жылына 162 оюн көрсөтөт. Бул оюндарды жашы-карысы дебей күн сайын көрүп турат. Мен бала кезде атам жылына кеминде он оюнга алып барчу. Элесетиңиздер – кырк миңден ашып күйөрман көпкөк жайкы асмандын түбүндө өз шаарынын тайпасы (“home team”) үчүн бирдиктүү үнү менен кыйкырып ; чоң, жапжашыл, алмаздын калабындагы тала ада оюнчулар кичинекей топту алыска ыргытып, чапкылашат. Ысык күндө  “биякта сыра менен кока-кола сатылат!” деп кыйкырган сатуучулардын үндөрү жаңыр ып, бир жактан бышып жаткан хот-дог менен гамбургерлердин даамдуу жыты буркурап турат. Бейсбол убагында эң көп же лген тамактар – татуу попкорн жана жер жаңгак. Ата менин атаандашып ойночубуз –  жер жаңгакты тез чагат деп. Анан жер жаңгак чагып жатып атам мага шашпай, түгөнгүс чыдамы менен бейсболдун татаал эрежелерин түшүндүр үп берчү. Ушунданбы, айтор, атам менен өткөргөн балалык күндөрүмдүн көӊүлдүү экендигин эстейм. Бейсболдун тажатма оюн экенине карабастан, азыркыга чейин бул оюнду жакшы көргөнүмдүн себеби балким ушундадыр.

Америкалыктардын жан дүйнөсүн түшүнгүсү келген адам, эмне үчүн бейсбол биздин тарыхыбызда улуттук денгээлде бааланганын билүүсү зарыл. Бейсбол Америка(лык) мүнөздөрдүн/идеалдардын баардык элементтерин өз ичине камтыйт. Биринчиден, баардык адамдар бейсбол ойносо болот. Бул оюнда Америкалык футбол же баскетбол оюнчуларына коюлган сыяктуу бой же салмак боюнча өзгөчө талаптар жок. Ошондуктан муну демократиялуу оюн деп койсок болот. Экинчиден, бул оюн кенен талаада ойнотулган үчүн бизге айылда/шаар четинде жашаган малчы-дыйкан ата-бабаларыбыздын жашоо шартын элестетет. Бүгүнкү күндө көпчүлүк Америкалыктар шаарларда жашашат. Бирок Кы ргыздар сыяктуу эле биз кенен жер-тамда/тышта жашаганды жакшы көрөбүз жана малчы-дыйкан болгонубузду сагынабыз. Үчүнчүдөн, биз индивидуалист болсок дагы бул оюн бир канча киши курама команда болуп ойногонго шарт түзөт. Бейсболдо кеминде он киши бир убакытта ойносо болот. Бирок негизинен оюнду эки эле киши (“питчер” менен “баттер”) экөөлөп башкарып турат. Э ң акыркысы, бул оюн абдан так эрежелери жана структурасы менен баалуу. Америкалыктар мыйзамдуулукту жана эреже-түзүлүштөрдү жактырышат. Тилекке каршы, мен канча издесем дагы, бейсболдун эрежеси боюнча кыргызча түшүндөрмөнү таба албадым. Ошон үчүн, “Англисче-Кыргызча Талкуу Айылы” деген Фейсбуктагы топтун толук кандуу мүчөсү, Бостон шаарындагы жаш Кыргыз Көчмөн жигит Адилет Орозбаев “AMERİKA BÜLTENİ” деген түркч ө Америка гезитиндеги “Beyzbol nasıl oynanır? Kuralları nelerdir?” деген макаланы дыкаттык менен которуп, сиздерге сунуштайт.

Баш сөздү англисче жазган Дэвид Галлагер. Кыргызчага
которгондор Дөөлөтбек Эшкен жана Батырбек Алымкулов. 

БЕЙСБОЛ ДЕГЕН ЭМНЕ? АЛ КАНДАЙ ОЙНОЛОТ?

Бейсбол АКШда эң белгилүү эки оюндун бири саналат. Алгач качан, кайда пайда болгону тууралуу так маалымат болбосо да, 19 кылымдын орто ченинен баштап кеңири ойноло баштаган. 1871-жыл Улуттук Лигасы (National League) жана 1901-жыл Америка Лигасы (American League) уюштурулган. Ошол 1905-жылдан бери жыл сайын бул эки лиганын чемпиондору сезон аягында дүйнө чемпиондугу үчүн ат салышышат. Жогорудагы эки лига биригип келип, эң чоң лига “Major League Baseball (MLB)” жаратат.

Жыл сайын Апрелдин алгачкы Жекшембисинде башталып, Октябрь айынын алгачкы Жекшембисине чейин созулган лигада командалар жалпысынан 162 оюн ойношот. Улуттук лигада командалар Чыгыш, Батыш жана Борбордук тайпа болуп бөлүнүп, жалпы 14 команда жарышат. Ал эми Америка Лигасында Чыгыш, Батыш жана Борбордук тайпага бөлүнүп 16 команда ойнойт. Ар бир лиганын үчтөн тайпасынан жеңүүчүлөрү жана ар бир эки лиганын эң мыкты деп табылган экинчи орунду алган командалардан (wild card) куралган 8 команда “division series” деп аталган плейофф оюндарын ойношот. 

“Division series” оюндарында атаандашын женген экиден команда өз лигасынын чемпиону атануу үчүн Чемпиондук серияда беттешишет. Чемпиондук серияда жеңген командалар Америка Лигасынын же Улуттук Лиганын чемпиону наамын алат. Кийинчерээк бул эки чемпион команда жети оюндан (матч) турган “World Series”те дүйнөнүн эң мыкты бейсбол командасы атануу үчүн беттешишет.

Бейсболдун негизги эрежелери.

Бейсбол оюну, “umpire” деп аталган бир же андан көп арбитрдин көзөмөлүндө ар бир командада тогуздан оюнчуну камтыган эки команданын ортосунда өтөт. Америка Лигасында (MLB) негизинен төрт арбитр көзөмөлдөйт. Оюн, ар бир команданын бирден чабуул жана коргонуу позициясында 9 мөөнөт (inning) болуп ойнолот. Ар бир мөөнөттүн баштапкысы ‘top’, ал эми кийинкиси ‘bottom’ деп аталат. 

Бейсбол талаасындагы төрт бүрчөктүн ар бири бурчунун узундугу 27 метрди, ал квадраттын/чарчынын ичинде төрт “base(дарбаза)”жайгашкан. Топту ыргыткан (pitcher) оюнчу менен топту урган (batter) оюнчунун арасындагы аралык 18,4 метр. Топ атардын аркасындагы бет капчан/маскачан оюнчунун аты “catcher” деп аталат.

Бейсболдо топту ыргыткан оюнчу менен топту тутаардын максаты топту урган оюнчуну оюндан сырткары калтыруу. Ал эми топту урган оюнчунун максаты болсо топту оюн талаасынан сыртка чыгарып упай топтоо. Чабуулдагы команданын ар бир мүчөсү кезек менен топ кармоочунун астына туруп, топ атаардын аткан тобун таяк менен урууга аракет кылышат. Ыргытылган топтун туура же натууралуулугун (catcher) топ тутаардын аркасында турган калыс көзөмөлдөп турат.

Топту урган (batter) оюнчу туура келген топту ура албаса ал – strike (страйк) деп аталат. Катары менен үч жолу страйк (strike) кылган оюнчу страйкаут (strikeout) болуп, оюнду улантуу укугунан айрылып, оюндан четтетилет. Бир тайпада үч оюнчусу четтетилген чабуулчу команда өзүнүн чабуулчулук укугун жоготуп, коргонуучу командага айланат. Топ атаардын тобу туура эмес ыргытылса “ ball” (болл) деп аталат. Топ атаар төрт жолу болл (Ball) абалына түшсө, каршы тараптагы топ уруучу оюнчу кийинки дарбазага өтүүгө укук алат.


Топ атаар топту туура ыргытып, аны урган оюнчу да туура урса/узута билсе “base steal” (бейс стил) дап аталган марага чуркоо жарышы башталат. Топту урган оюнчу колундагы таягын таштап, өзүнөн кийинки дарбазаны көздөй чуркайт. Каршы тарап болсо, ыргытылган топту кармап, топту урган атаандашынан мурда дарбазага жеткирүүгө аракет кылышат. Эгерде атаандаш команданын мучөсү ыргытылган топту, ыргыткан оюнчугу дарбазага жете электе кармап алса граундаут (groundout) болуп, топ атаар оюндан чыгат. Топ атаар өзү урган топ марага кайтып келгенге чейин кийинки дарбазага жеткенде гана андан кийинки оюнчу топ атаар позициясына өтөт. Эгерде топтун кайтып келиши кечиксе, топ атаар экинчи же андан кийинки дарбазаларга барып жайгашып алса да болот. Топ атаар бардык дарбазаларды басып өткөндө гана команда упайга ээ болот. Топ ыргытылгандан кийин атаандаш команда жерге түшүрбөй кармап калса, анда топ атаар флайаут (flyout) болуп оюндан четтилет. 

Бейсболда эң мыкты ыргытылган топ “home run” (хом ран) деп аталат. Хом ран же эң мыкты топ атуу болушу үчүн топ атаар бир ыргытуу менен топту оюн талаасынын сыртына чыгарышы керек. Мындай алыс аралыкка ыргыта алган топ атаар дароо төрт дарбазаны басып өтүү менен командага упай алып келет. Эгерде алдыдагы дарбазаларда мурунку ыргытылган топтон калган командалаштары болсо, алардын баарын куткарып кете алат. Мындай жол менен хом ран (Home run) ыргыткан оюнчу дарбазаларда канча оюнчу болсо, командага ошончо упай алып келе алат.

Булактар: http://amerikabulteni.com/2011/09/29/beyzbol-nasil-oynanir-kurallari-nelerdir/

Түрк тилинен которгон Адилет ОРОЗБАЕВ. Бостон шаары, АКШ -2013.

Dec 17

Спорт.

ИЙГИЛИК БАШАТЫ ИТАЛИЯДА..

Ушул жылдын 4-ноябрында Италиянын Касерта деген шаарында Кыргыз диаспорасынын демилгеси менен уюштурулган «Шумкар» Кубогунун байгесине арналган атайын футбол боюнча турнир болуп өттү. Аталган турнирди жыйынтыктап айтканда «Шумкар» Кубогунун баш байгесине төрт, «Манас», «Шумкар», «Kыргыз Клуб» жана «Мекен» командаларынын ортосунда айыгышкан таймашуу болду. Аба ырайынын кескин бузулуп, жамгыр төгүп турганына карабай турнирдик оюн абдан кызыктуу жана жигердүүлүк менен өткөндүгүн, сүрөөнчүлөр менен көрүүчүлөрдүн өтө көп санда келгендиги тууралуу турнирди уюштурунун башында турган жердешибиз Чолпон Бекмукамбетова кабарлады.

Турнирге катышкан оючулар. Италия, Касерта шаары, 04.11.2012.

Тыныгуу убагында оюнчуларды уюштуруучулар тарабынан даярдалган кыргыз боорсогу, буркурай басылган палоо жана ысык чай тартуу болуп, Кубок катышуучуларынын демине дем кошулгандай болуп турду. Айыгышкан таймаш аягында турнирдин Кубогун «Шумкар» футбол клубу жеңип алды. Ал эми экинчи орунду «Манас», үчүнчү орунга «Мекен» командалары ээ болушту. Командаларга: 1-орунга Кубок «Шумкар» жана Ардак грамота; 2-орунга футболдук топ жана Ардак грамота; 3-орунга грамота тапшырылды. Андан тышкаркы байгелер, статуетка, грамота жана «Мыкты оюнчу», «Мыкты дарбазачы» наамдары ыйгарылды. Ал гана эмес шымаланган сүрөөнчүлөргө да ар кандай белектер тартууланды. «Мыкты оюнчу» наамы «Манас» командасындагы Мирлан Мамбетовго, а «Мыкты дарбазачы» наамына «Шумкар» футболдук клубунун дарбазачысы Бакыт Мамаев татыктуу деп табылды. Сүрөөнчүлөр арасынан айырмаланган «Кыргыз Клуб» командасын татыктуу сүрөп отурган Кундуз Исмаилова таанылды.

«Шумкар» футболдук клубунун президенти Муратбек Сагынбаев: «Турнирди мындан да мыкты өткөрүп, өнүктүрүү максатында Жаңы жылда Украинанын, Польшанын, Италиянын командалары менен атайын турнирдик беттешүүлөрдү уюштурмакчыбыз. Бул боюнча команданын капитаны Канат Ниязалиев керектүү даярдыктарды көрүп, команданы кезектеги жеңишке даярдоо тапшырмасын алды» деп билдирди.

«Шумкар» командасынын сүрөөнчүлөрү балдардын футболду кандай ойногонун көрүп, турнир бүткөндөн кийин волейбол боюнча команда түзүүнү сунуш кылышты. Ошондуктан кыргыздардын  клубдарды өнүктүрүү долбоорунда бир гана футбол эмес.. Касерта шаарындагы Кыргыз диаспорасынын башчысы Чолпон Бекмукамбетова турнирди өткөрүүгө жакындан жардам берип, өз салымдарын кошкон жердештерине чын дилинен ыраазы экенин билдирип, жылуу жумшак коштошуу менен таркап кетишти.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Финляндия. 17.12.2012.