Nov 14

Жаш калем..

******************************************************************************************************************
ээ 11вЭ Р Т Е Ң К И   К Е С И Б И Ң Д И   Б Ү Г Ү Н   Т А Н Д А!

Эмнегедир мен өзүмдүн мектебим жөнүндө жазгым келди, анткени мен бул мектептен окуп, тарбия алып келе жатканыма 11-жыл болду. Мектептеги күндөрүм кызыктуу жана көңүлдүүлүгү менен эсте калаарына ишенем. Мен окуган мектептин аталышы «SOS Герман Гмайнер» деп аталат. Мектеп немец тилине багытталган. Бул мектепте окуучуларга жалаң гана жакшы билим бербестен үй-бүлөлүк каражаты жетишсиз жана ата-энеси жок балдарга да билим алууга жардам берип келет. Ошону менен бирге бул мектепте колунда бар адамдардын балдары да окууганга мүмкүнчүлүгү бар. Бир үй-бүлөдөн үч-төрт бала окуган болсо аларга жеңилдиктер каралган. 2002-жалы «SOS Герман Гмайнер» ээ 11 бмектеби жеке менчик болуп ачылган, кийин кандайдыр бир себептер менен мектеп мамлекеттин карамагына өтүп калган. Мектептин имараты өзү чоң, кооз, өтө ыңгайлуу жана баардык шарттары менен жасалгаланган. Ошондой эле мугалимдер абдан күчтүү жана мээрмдуу адамдар. Окуучуларга баарынан жагымдуусу бул түшкү тамак, тамактар бизде абдан даамдуу. Эң негизгиси окуучу балдар 1-класстан баштап 11-класстын аягына чейин немец тилин окутушат. Каалагандар англис тилин дагы тандап алса болот. Эгерде 11-классты айактап, бүтүрүү экзаменинде немец тилинен сынакты жакшы тапшырса, окуучу «Sprach diplom», башкача айтканда немец тилин билет деген диплом алат. Эң башкысы мен эмнени айткым келди? «SOS Герман Гмайнер» мектебинде окуп бүткөндөрдүн жана окуп жаткан окуучулардын келечеги кең. Болгону өзүңдүн алдыга койгон максатың,багыттуу тилегин болуш керек. «SOS Герман Гмайнер» мектеп эң мыкты мектеп!

Айтунук НАРЫНБЕКОВА. Бишкек шаарынан,
«SOS Герман Гмайнер» орто мектебинин 11-классынын
окуучусу.

Apr 19

Жан дүйнө жаңырыгы..


ТУМАН, ТУРМУШ, ТУҢГУЮК

Туш тарабым тунарып, бозоруп, көзүмө эч нерсе көрүнбөй, кайда бараарымды баамдай албай, басалабай, туталанып, туттугуп, айлам кетип, ичиркенип, улуу чексиздикке карай умтулумуш болуп, көңүлсүз кадам шилтеп, калжайган, тарбайган, ийрейип дүпүйгөн дарактарды аралай, илең-салаң, айырилкий басып, көрүнүп-көрүнбөгөн, байкалып-байкалбаган башаламан шумдуктуу элестер алдыман да, артыман да жолумду тороп, ата-жотомду калтырбай «ашаткан», айкырып-кыйкырган адилетсиз ачуу үндөр жаңырып, кулагымды «жапырып», кутулууга далбас уруп, далдоо издеп, айоосуз кыркылып, чала куураган карт дарактын түбүнө корголой калсам, оң тараптан какырынып-түкүрүнүп, «энеңдилеп» сөгүнүп, эсирген эркектердин үнүнө аралаш, кимдир бирөөнүн өлүк-тиригин калтырбай каргаган, угулуп-угулбай, акырындап барып чыкпай калган аялдын ачуу, айанычтуу үнү үзүл-кезил жоголуп, сол тараптан өлөөрчө мас, өң-алеттен кетип өхүлөгөн, бири-бирине сүйөнүп, сүйрөлгөн, туман арасындагы элестери элдир-селдир, өздөрү, сөздөрү, көздөрү кошо тумандап, өңдөрү өчкөн, кызарып, тумшуктары жылыганы менен турмуштары жылыбаган, «оттуу сууга» ичтери ысыган менен иштери «ысыбаган», батинкелеринин бар-жогуна кайыл, буттары чалыштап, ботала болуп баткак кечип, булдуруктап, баштары менен жер сайып, оңколоп, оң-тетири суналган куурагырлардын оозу-мурдун жалтырата жалап-жуктап, кусундуларына «нык» тойуп алган итирейген кара кандектин үнү чаңкылдай чыгып, эс-учу жок жаткан ал экөөнү айлана чуркап, жан-алы калбай жанталаша коруп, айап, үйрүлүп түшүп үрүп жатса, капал-тапыл кандек үнүнөн үстүм ачылып, үмүтүм ачылып, туман тарай түшкөнсүп туш тарабым, көңүлүм ачылып, туттуккан абалым не тазарып, не тунуп, туманда далай адашкан айырАта-Журтум, алпештеген Ата-Энем, туулган жерим, балалык байоо кезим көз алдыма бир саамга жылт эте түшүп, эмнегедир кандек ордуна калдайган кара тайган «Учар» (иттин аты) элестеп, кандай гана кыйын кырдаал болбосун эч качан тиш кайрап ээсин каппаганы, кылып-кылбаса да, жеп-жебесе да, курсагы тойуп-тойбосо да эч убакта кектеп, жамандык издеп ээсин сатпаганы, жоопкерчилигин сезе билип, ит да болсо акылдуусунуп төш каккан азыркы адамзат мүнөзүнөн алда канча айырмаланып, жогору сезилгени, айтор жан дүйнөмдү эзип, «эмнеге мындай?» деген суроого жооп табалбай, чыңалып, эгерим окшобогон эки доор, эки мезгил, эки өлкөнүн ортосунда түйшөлүп, түнөрүп, түтөп, чайналып турдум..

Асманың аңтарылып, атың сойулуп, көөдөнүң ойулуп, көзүң соолуп  баратса дагы, таңдын кандай атып, күндүн кантип, кайда батканын аңдабай, пейили куруп, ыйман-ырыскы качып, ың-жыңсыз житип жок болуп баратканына кайдыгер, кара курсагынын күнүмдүк кампайганы менен чектелип, ченемин билбей, чектен чыгып, өздөрүн «акылман» ойлоп «ашынган» «күркүлдөр», ар кандай арамдык жолдор менен «басып» алган байлыгына манчыркап, эзелки улуу элди «эссиз» дедирип, ал гана эмес арам делеген эшектин этин жедирип, кутуруп, көкөлөп, көздөрүн май баскан көпөстөрдөн көңүлдөрү үч көчкөн журттай калган көпчүлүк карапайым катмар көр турмуш алеги менен эптеген жашоо кечирип, эртеңинен, келечегинен, жөнөкөй эле адам катары жашоо энчисинен куру калып, үмүтү үзүлгөндөй, баарынан түңүлгөндөй, алдыга умтулуп, аржак-бержагына үңүлүп акыл калчагандын ордуна, ой-туйумун, акылын, адамдык ыйык сапатын, тумандап турган турмушун ууру-кескиликке, наадандыкка, аракеч-баңгиликке, арам-айлакерликке, сойкулукка, ач көздүккө алмаштырып, бүтүндөй улут темселеп, карайлап, кайсалап, кайда бараар жолун, багытын, аты менен затын, тилин, дилин, улутун унутуп, жоготуп, жок болуп кетүү изине батып, чыгалбай, мүңкүрөп, мүргүп, боору катып, боздоп-сыздап турганы, күнү-түнү түнөрүп, түтүндөй быкшып каптаган кара туман арсыз, алсыз, аздап жабыркап жүргөн жан дүйнөмдү жанчып, тумчуктуруп, муунтуп, мыжып, чыдамымды кетирип, чыйрыктырып, муздатканы муздаткан…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист. Финляндия, Келсинки.

Aug 28

Баш сөздөр..

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты.

ЭЛ АКЫНДАРЫ ЭМЕС, ЭЛ АЙТКЫДАЙ БОЛСУН!

Студент кезде жазгандарын жарыялаганча шашып, ийримдерге катышып, кечелерде дуулдап ыр окуп, жок эле дегенде факультеттеги «мен» деген кыздардын көзүнө бир көрүнүп калгысы келген «чымындуулардын» катарында мен да болгом. Бизди доор жалаң кыялкеч кылып тарбиялаган экен. Ошондуктан бараткан жолубуз, келечек бизге бейиш болуп сезилип, батыраак эле ошол «бейишке» жетсек экен деп тилечүбүз. Максатка жетүү менен бирге Айтматовдой, Аалы Токомбаевдей, Алыкулдай жана башкалардай даңктуу да, атактуу да болсок дечүбүз.

Мен силерди ыр жазат деп деле ойлобопмун. Биздикине окшогон заман жоктугунан, эл-жерден азып, акча табам деп алыста жүргөндүгүңөрдөн улам ошентип ойлосом керек. Көрсө, көкүрөктөгү сагыныч, эңсөө, кайгы менен кошо келчү ышкы кайсыл заман келсе да «өлбөйт» турбайбы. Бир гана айтаарым, акын болосуңбу, жазуучу болосуңбу, эң башкысы – адам бол. Адамгерчилигиңер, жолдоштукка бекемдигиңер, эчкимди сатпагандыгыңар баскан изиңерден да, жасаган ишиңерден да көрүнүп тургандай болсун. *

Далай суулар агып өтөр. Араңардан кыргызга белгилүү мыкты жазуучулар чыгышы мүмкүн. Азыр жаңы эле жарышка түштүңөр. Көрүнгүңөр келсе да көрүнө албай, билингиңер келсе да билине албай жүргөн кезиңер. Силердин китепке «Баш сөз» жазып бер деп, болгондо дагы Финландиядан Асыран байкеңер келип атпайбы, мени демитип: Кийинки кезде ушундай бир «баш сөз» деген бир балакет чыкты. Илгери мен да китеп чыгаргам, жалбырактай болгон жуп-жука. Китепчилердин аты менен айтканда, 1 басма табакка жетип-жетпеген. Ошол китебим «башы» жок эле чыгып кетти эле. Агезде «башыбызды» ойлой турган заман эмес болчу. «Башыбызды» башкалар ойлочу. Ушул жерден улуу Расул Гамзатовдун эсте жүргөн бир тамашасын мисалга тарта кетейин, балдар. Мергенчилерден качкан карышкыр үңкүргө кирип кетет. Үчөө үңкүрдүн түбүнө келип, далайга чейин олтурса да чыкпайт. Акыры алардын бири тажап кетет да, карышкырды сүйрөп чыкмакчы болуп башын ийинге салып жиберет. Калган экөө ал качан чыгат деп күтүп олтура берет. Кирип кеткен тигиниси же башын тартып албайт, же ары кирип кетпейт. Акыры жадаганда тартып алышса тигинисинин башы жок.
– Эй. Жана ийинге башын тыккан маалда мунун башы бар беле? – дешип бирин-бири карайт. Бири айтат: – Башы бар болуш керек эле? – деп. Бири айтат: – Башы биякка келатканда эле жок болчу, – деп. Экөө талашып – тартышып олтуруп, акырында айылга алып барып болгонун болгондой баяндап беришет. Бир аксакал ошондо: – Карышкырдын артынан кирип башын салып бергенине караганда мунун башы тээ илгери эле, туулгандан бери эле жок болсо керек,- дейт. Анан аялынан сурайлычы деп жесирине келишсе: – Эримдин башы бар-жогун мен кайдан билем? Билгеним ушул, жыл сайын эле жаңы бапак тиктирип басып жүрчү,-дептир.

Кымбаттуу кыздарым, урматтуу уулдарым, ошон үчүн ар бириңдин ырларыңдын «башына» бапакты эл тааныган мен кийгиземби же тааныбаган бирөө кийгизеби баары бир, кеп ким кийгизгенинде эмес, кеп анын башында. Башында «бирдеме» барын Эл баалап, Эл чечет. Мен балким, сыпайгерчилик кылып силерди «алдап» коюшум мүмкүн. Бирок окурман дегенди эч ким эч качан алдай албайт.

Ыр деген тозоктун тозогу экенин мен дагы мына ушул 60 тан ашып кеткенден кийин билип олтурам, ишенсеңер. Далай акынмын дегендер муну билбей, «көзү ачык» бойдон өтүүдө, карыганга чейин «ыр жазып». Муну мен өтө кеч түшүндүм, эч түшүнбөй калгыча кеч түшүнгөнүм да ырас болду го деп ойлойм. Ыр деген күү-шаа түшүп, Асман-Жерди солкулдатып, жамгырын төгүп, чагылганын камчылап, бир жаап өтүп кете берчү өткүн өңдүү нерсе экен. Ошондо болгонуңду болушунча төгүп калбасаң андан кийин кечигет экенсиң.

Мен азыр ыр жазган күндөрүмдү сагынам. Балалыгымды сагынгандай сагынам. Бирок ага эми эч качан жете албастыгымды билем. Ыр да так ошондой. Азыр жүрөктүн оту баягычылап дуулдабай, шуулдабай, жайбаракат күйүп калган чагы. Жел көрсө эле желпине бербей, сезим акылга оошуп калган кези. Сезимди акыл басканда ыр чыкпай каларын түшүндүм. Ошон үчүн ыр жазбай калдым. Чынын айтсам жазалбай калдым десем да болот. Мына ушуну түшүнүшүңөр керек.

Мен бүгүн ыр жазгандардын окурманымын. Анын үсүтүнө поэзия деген өтө элитный нерсе болот экен. Анча-мынча кишилер түшүналбайт экен аныңды. Мындан көп жылдар мурун, ыраматылык Жумакан Тынымсеитова деген акын эжекем, 21 жашымда мени Нарынга чакыртып, үйүнө алып барып: «Шайлоо, акын болом десең сөз менен иштегенди үйрөн» деп айткан. Ошонусу өмүр бою эсимде калды. Бирок, мага ал «андай жаз, мындай жаз» деп бир жолу да айткан эмес. Мен да силерге кантип жазуу керектиги жөнүндө акыл айталбайм. Айтууга акым да жок. Алыкулга кеңеш бералбаган сыяктуу эле сага да кеңеш бералбайм. Көлдү кимдер ырдабаган. Дагы канчалар ырдап өтөт. Силердин мыкты жазарыңарды сынчылар эмес, адабиятчылар эмес, Эл айткыдай болсун, Эл гана калыс, Эл гана тараза. Калганынын баары жалган жана жасалма. Агаңар катары ак тилегимди каалайм!

******************************************************************************************************************

Урмат Аманбаева, ЖК депутаты.

Урмат АМАНБАЕВА, Кыргыз Эл депутаты.

Урмат АМАНБАЕВА. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

«ТИЛСИЗ УЛУТ – УЛУТ ЭМЕС»

Урматтуу окурман! Арийне сиздин колуңуздагы бул чакан «Ыр жыйнакка» жарыяланган ар бир сап ырдан Мамлекеттик тилге болгон аруулукту, ага болгон сүйүүнү, кандайдыр бир деңгээлде тазалык менен чындап берилгендикти баамдаса болот. Ошон үчүн кыргыз эли, улуту, улут катары кылымдарды карытып жашап келе жатат. Кыргыз тили улуу тил болгондугу үчүн Кыргыз мамлекети, кыргызымдын үрп-адаты менен каада-салты, көөнөргүс тарыхы далай тар жол, тайгак кечүүдөн өтүп, жок болуп кетпей, түмөн кыйынчылыкты башынан кечирсе да баа-баркын жоготпой бааланып, сакталып келет. «Тилсиз улут улут эмес». Кыргыз тили Кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин баа жеткис байлыгы, эркиндиги, эгемендиги, өз алдынчалыгы. Урматтуу окурман! Менин ар бир кыргыз жаранына деген жүрөктөн чыккан каалоом, ушул жыйнактагы ыр саптарды окуу менен бирге анын кандай маанилүү экенин эстен чыгарбай, ыйык Эне тилибизди жан-дилибиз менен коргоп, тынымсыз колдоп, ар түрдү себептердин арты менен жок болуп кетип жаткан тилдердин кейиштүү тагдырын кийип калуу коркунучунан сактоого жан үрөп, тилибиздин өсүп-өнүгүшүнө байма-бай салым кошуп туруу ар бирибиздин атуулдук парзыбыз деп билем. Тилибиз үчүн тикебизден тик туруп, сөз эмес жел тийгизбей келечек муундарыбызга абийирдүүлүк менен ыйык мурас катары калтырып кетишибиз керек деп тилейм!.

******************************************************************************************************************

ээ 49КОЙЧУМАНОВА Гүлжан. Ош МСУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты.

«КӨЧМӨНДӨР» КӨТӨРГӨН ДЕМИЛГЕ

Өлкөнүн башына түшкөн ар кандай окуялар, саясий-экономикалык курч кырдаалдар кыргыз элинин улуттук аң-сезимин курчутту. Мындай сыноолор өз ыйык Ата-Мекенинде жана сыртта, дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүндө жашап, иштеп, окуп жүргөн бир боордошторубуздун башын бириктирип, өз ара байланышын бекемдеди. Колуңуздагы ыр жыйнакка ааламтор айдыңындагы өз алдынча аз да болсо чыгармачылык менен алектенип жүргөн мекендештирибиздин мекен, улут, туулган жер, тил, атуулдук жөнүндөгү ырлары киргизилген. Учурда бул тема бардык тараптан замандын алдыңкы позициясын ээлеп отурат. Элибиздин саясий-социалдык турмушун чагылдырууга, жергебизде болуп жаткан акыркы курч саясий абалга, илим менен билимдеги заманбап өсүштөргө, коомдук пикирлерге карата акындар поэтикалык тил менен жооп беришкен. Ошондон улам тандалган тема жыйнактын өзөгүн түзүп турат.

Гумандуулук, атуулдук, дүйнөтааным жана коомдук саясий көз караштар эркин чагылдырган. Жыйнактын жалпы философиясы, өтө назик лиризми жалпы окурмандардын жүрөгүндө калаарына ишеним артат. Адамзаттын сар-санаасы, үмүт тилеги жана кубанычы чыгармачылык чеберчилик менен көркөм сүрөттөлгөн. Образдары ачык жана даана, салыштырууларга бай. Адам, жаратылыш сулуулугу, мекенге болгон берилгендик жыйнактагы ар бир акындын дүйнөсүндө жашаганы маалым болуп отурат. Ошондой эле ыр жыйнактан канчалаган кыргыз мигранттарынын өмүр тагдыры, мекенге болгон сагынычы, кусалыгы, атуулдук намыс–ариети, кандай шартта болбосун өз мекенинин өнүгүшүнө салым кошуу, эртедир-кечтир кайтып келүү үмүт-тилеги, аргасыз тагдыры, келечекке болгон оптимисттик ишеними көркөм сүрөттөлгөн. Ар бир доор өз муунун, баатырларын жаратат, акындары да ошондой, коомчулук тарабынан иргелет. Мезгил өтсө да улам жаңы муун келип катарды толуктап, көч улана берет ошентип. Башка улуттардын таасири күчтүү болуп жаткан заманда, адам баласынын кылымдар бою күткөн эркиндигин жоготуп коюу коркунучу турат, бул оңой нерсе эмес. Мына ошол көйгөйлүү маселе акындардын жүрөгүнөн өтүп отурат. Өз доорун сын көз караш менен чагылдырууга да аракет кылынган. Таамай айтылган ыр саптары окурмандын жүрөгүнөн орун алаары да шек туудурбайт.

Акындык өнөр жараткандан келген чоң касиет. Ар бири өз вазиспасын өзү түшүнүп, ошого жараша чыгармаларын жүрөгүнөн жаралтып отурат. Материалдык мүдөөнү көздөп калган заманда чыгарылган жыйнак адамдарга моралдык, руханий азык берсе деген тилек. Мурдагы заманда (Совет доору демекчибиз) жазганын өкмөт каржылап, ошонун эсебинен үй-бүлө баккан мезгилде, талап да башка эле. Мыктынын мыктысы тандалчу, көпчүлүгү анча мынча эле келген эпкинге туруштук бере албай, бул менин колуман келбейт экен деп, мойнуна алып, өз ордумду эртерээк таап алайын деп жолуна түшчү. Замандын ыргагында атайын тематикалар боюнча заказ келип, баш оту менен жүрөгүн берип, чыгармачылык түйшүк тартып, күн-түн сөз багып, ой калчап дегендей аракеттер менен такшалып, күчтүү сыноолорго туруштук берүүгө, талаптарга тапталып отуруп, анан акырындык менен такшалып, чыгармачыл чөйрөгө аралашып, ийримдерге катталып отуруп акындар такшалган. Ошентсе да, ыр деген жүрөктөн чыгыш керек экендиги баарыбызга маалым. Жасалма шаблондорго, ураан кыйкырыктарга, план, Эмгек, Ленин, партиялык милдеттемелерге багынбаган бир гана жан дүйнөсү экен. Мезгил өтүп нукура дүйнөсү менен жуурулушкан сезим ыргагы гана эленип калып отурат. Азыр болсо заман башка. Кимдин колунда каражаты болсо, ошол басмага кол жазмасын бере салып, эч кандай талаптарга, сын-көз караштарга муктаж болбой жарыялап салууда. Ооба. Ар кимдин өз эрки. Өзүнө өзү кожоюн. Бирок элге эмне алып келди, сапаты кандай, жугумдуулугучу? Ички маани-мазмун жагынан кандай болуп жатат экен? Мезгил өтүп, кол менен санала турган, саналуу гана акындар заман жүзүн жүрөгүнө көтөрүп чыккандыгын көрүп жүрөбүз. Канчалык доор талабын канаатандырган менен, өз табиятын таап, жүрөгүндөгүнү айтаарын айтып, өмүр менен өлүмдүн ортосундагы жылт дей түшкөн нукуралуулук гана тарыхта калды.

Учурда чыккан китептер эч кимдин элегинен өтпөй, ким кааласа ошол ыр жазып, китеп чыгарып отуруп окурман журтуна жетип жатат. Ошентсе да кандайдыр бир деңгээлде ар бир чыгарманын окурман журту пайда болууда. Ошол жазылып жаткан китептерди мезгил өз элегинен өткөрөт. Арасында күлүктөрү бар. Ошентип ээн-эркин жазылып жаткан ырларда жаңы агымды байкабай коюуга болбойт. Эгемендүүлүктү алгандан кийин, кандай критерий менен жазаарын билбей калган муун, алдыдагы көчкө таянып, түздөнүп отуруп, мекенчилдик темадагы ырларга басымдуу көңүл бөлүнгөнү байкалып калды. Өткөн замандагыдай жөн эле төш кага берүү менен чектелбестен, учурда ушундай психологиялык шарт түзүлгөндөн улам, эгемендүүлүктүн артынан ааламдашуу процесси келип, улуттун тагдыры кооптонтуп, эртеңки күндө улут, тил, маданият өзүн-өзү сактап кала алабы деген бир жүрөктү козгогон ой келет экен? Ошол суроо ушул жыйнактагы ар бир акындын көкүрөгүнөн өтүп, азаптантып, чындыкты издетип түйшүккө салып отурат. Буга ынанбай кое албайбыз. Окурман да ошондой ой-толгоо тартып турат деген ойдобуз. Салижан Жигитов айткандай, «Таасиринен дүйнөнүн сезим көбүрүп, ичке батпай ташкындап сыртка төгүлүп» турган учурда, тарыхый окуялар акындарга катуу таасирин тийгизип жатканы айдан ачык болуп калды.

Тандалган, ыргалган, өрнөктүү ыр жыйнак деп айтуудан алысмын. Акындардын ырларында азыркы замандын оош-кыйыш окуялары таасын сүрөттөлгөн. Кээ бир тил билги акындарыбыздын чыгармаларында башка улут адабиятынын таасирин да көрүүгө болот. Ой жүгүртүүсү жаңыча. Эне тилди барктаган, эстетикалык көркөм табитин өстүрө турган табылгаларга бай жыйнак болуптур. Ар бир эле кыргыз уул-кызын төрт сапты уйкаштыртып, ыр жазганга үйрөтсө болот, бирок акын кылууга мүмкүн эмес. Ушундан улам аз да болсо ыр жазып жүргөн ааламтор айдыңындагы атуулдардын чыгармачылыгына жол ачып бере турган демөөр көрсөтүп, улуттук мүдөөнүн айланасында маселе козгоп, атуулдук дараметин бекемдеп, мекенге болгон сүйүүсүн чыңдап, тамырын тартуу бирден-бир максатыбыз болуп саналат.

Жыйнактын авторлорун бирден ылгап, бирин сыйлап өзгөчөлөнтүп баа берүү менин вазийпама кирбейт. Көч аксагы менен миң дегендей, жалпы бүтүндүктү сактагым келди. Бул иш-чара тилибиздин маанисин жогорулатууга, анын келечеги үчүн ааламтордо кеңири кадам таштап, колдон келишинче чымыны бар жаштардын чыгармаларын топтоп, аз да болсо ааламтордогу социалдык сайт аркылуу салымыбызды кошконго мүмкүнчүлүк берип жаткан мекенчилдердин «Кыргыз көчү» коомдук уюмунун демилгеси менен башталып отурат. Мекен жүгүн жеңилдетүүнүн заманбап жолун таап, аалам кыдырып кеткен таланттуу жаштардын башын бириктирип, тынымсыз ар түрдүү иш чараларды уюштуруп отурган аталган коомдук уюмду негиздеген жетекчиси, Финляндиянын Хельсинки шаарында жашап жаткан эркин журналист Асыран Айдаралиев мырзага жалпы окурмандардын атынан ыраазычылык билдирип коюуну туура таптым. Ааламтор айдыңындагы «Фейсбук» социалдык тармагында алгачкылардан болуп уюшулган мекенчилдердин «Кыргыз көчү» тобунуна эки жарым жыл болуп отурат. Мен бул багытта ой-пикирин сураганымда «Топко катталып, өз эне тилинде кыргыздын ӨҢҮ тамгалары менен пикир алышып, активдүү аралаша баштагандан бир аз убакыт өткөндөн кийин эле топтун мүчөлөрүнүн мекенчил күчтүү сезимдери ойгонуп, тилге, дилге болгон көз караштары өзгөрүп, анан жайнаган топтор биринин артынан бири жаандан кийинки козу карындай түзүлө баштаганын, азыр да түзүлүп жаткандыгын» – жан дилинен кубануу менен белгилейт Асыран Айдаралиев. Анан да, канчалаган кыргыздын жаштары көкүрөгүндө катмарланып жаткан ой-мүдөөсүн күүгө салып, атуулдук сезимин курчутуп, булактын көзүн ачкандай болуп, арасынан таланттар өсүп чыккандыгына жетине албай, биз менен кубанычын бөлүштү.

Кыскасы, тилибизди, дилибизди, тил, маданиятыбызды ааламдын кай жеринде жашагандыгына карабастан, ааламтор аркылуу кыргызча жандандыруу, таланттуу жаштарыбызды таап, алардын чыгармачылыгынын өркүндөп өсүшүнө шарт түзүп, жада калса өз аракеттерибиз менен жыйнак каражатын таап, эгемен Кыргызстаныбыздын, улуттук тилибиздин майрамына карата кошкон кошумчабыз болсун деп, алгачкы саамалык жасалып жаткан чагы. Ак жол каалайбыз, ыр жыйнактын сапары байсалдуу болсун деп тилейбиз .

******************************************************************************************************************

Jan 22

Мына кызык..

 15ГИПНОТИЗЕР ЖАНА КӨЗҮ АЧЫК.


1-күн: Депрессияга кабылган гипнотизер базардагы эң кыйын көзү ачыкка барды. Көзү ачык аны карап, келечеги тууралуу айтып бермекчи болду. Бирок, үлгүргөн жок. Гипнотизер ага өзүнө жаккан сөздөрдү айттырып, өзүн мактатып алып кетип калды. Буга чейин эч кимге алданбаган көзү ачык депрессияга кабылды…


2- күн: Көчөдө элди көрүп отурган көзү ачык гипнотизерду көргөндө жумушун таштап, базарды айлана качты. Бирок, гипнотизер аны аңдып жүрүп автобустан кармап калды да, баары бир келечеги тууралуу жакшы жаңылыктарды айттырып алды…


3-күн: Кечке маал болуп калган. Күндүз кечке элден акча сындырып базарда отурганына карабай, гипнотизерго жолукпаган көзү ачык кымыңдаган бойдон үйүнө келатты. Бирок, кырсыкты кайдан деп болобу? Жанатан берки көңүлдүү маанайы лифтке жеткенде тоо көчкөндөй талкаланды. Жагымдуу кыялдары бүтүндөй урап, катуу ызага кабылды. А гипнотизер болсо лифттен чыккыча өзү тууралуу жакшы кабарларды угуп кудуңдаган бойдон үйүнө кайтты. Анан калса бүгүн көзү ачык аябай көп акча тапкан экен. Эми жакшылап тамак ичсе да болот…

4-күн: Гипнотизердун жашоосу оңоло баштады. Ага жакшы жумуш табылды. Күнүгө көзү ачыктарды кыдырып чыга турган болду. Эми алар ага келечеги тууралуу дагы, өткөн күндөрү тууралуу дагы өзүнө жаккан маалыматтарды айтышат. Аны өзүнө жаккан сөздөр менен макташат жана кечке тапкан акчаларын ыраазычылык билдирүү менен чөнтөгүнө салып беришет.


Насыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаарынан.

Oct 18

Коңгуроо..

 Сүрөт 2УЛУУНУ УРМАТТАБАГАН, КИЧҮҮДӨН ЫЗАТ КӨРБӨЙТ..

Кичинекей кезимде жашы бир топко барып калган чоң-ата, чоң апалар чайханада чай, кымыз ичип, нарда ойногондорун көрүп, энелер жүн сабап, мал жан менен алек, үй оокаттарын карап, бизге акыл-насааттарын айткандары менен эсимде калыптыр. Азыркы ата-апаларды митинг, пикеттерден гана кезиктирип калбадыкпы. Анан алардан кайдагы насаат, акыл кеңешти угат элек, сасыган сайасатты гана угасың көпчүлүк учурда…

Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи «Карысы бардын ырысы» бар деген. Ошондуктан менде аларга кандай мамиле, сый-урматыбызды көргөзүп жатабыз деген суроо туулат? Карылыктын доорун сүрүп, бизден үмүт кылып жаткандарына карабай карылар үйүнө алпарып салсак, коомдук транспортторду тоссо албай, ал эмес карап да койбосок, анан кантип, кандай сыйлап жатабыз деп ойлоп кетесиң?

Бүгүнкү менин каарманым Бишкекте жашап жаткан карыган (пенсионер) чоң апа болду. Адаттагыдай эле айалдамада коомдук транспортту күтүп тургам. Бир кезде жаныма жашы бир топко барып калган чоң апа келип: «Кызым, мага келе жаткан автобусту токтотуп берчи» деп калды. Мен апаны таң кала карап калсам, «кызым, мени «пенсионер» деп токтобой өтүп кетет» дейт жалооруп. Мен колумду булгалап токтотсом эшиги араң ачылган ичи адамга толгон автобус зорго токтоп, ага чоң апа эптеп чуркап барып кыпчылып түшүп кетти. Орундукка отурганды мындай койгула, тыгылып араң батты көрүнөт, байкуш апа. Айанычтуу чоң апанын айткан сөзүн угуп өзүмдү-өзүм жемелеп, «биз жаштар ким элек, ким болдук? Кайда баратабыз? Мындай жол менен кете берсек кийин ким болобуз деги» деп өзүмө-өзүм суроо берип жаттым. «Улууну урматтасаң, кичүүдөн сый көрөсүң» деген макал эрксизден эсиме түшүп кетти. Улууларды урматтай албай жатып, кичүүлөрдөн эмнени, кантип талап кылабыз? Бизди көргөн жаш муундар кандай тарбийа алып жатышат? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы «маңкурттан» эч айырмабыз жок болуп бараткансыйт. Келгиле анда биз жаштар «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», жаш экенибизди далилдеп, урмат-сыйыбызды улууларга көргөзөлү! Алар бар, биз барбыз, бактылуубуз!

P. S. Балким чоң апанын окуйасы болбогондо мен бул чакан макаланы жазбайт деле, ойлонбойт деле болсом керек эле. Эми жок дегенде кимдир бирөө окуп калып, өзүнө аздап болсо дагы сабак алса, ойлонсо, туура түшүнсө, жакшы тыйанак чыгарса, анда ал биздин жеңишибиз, жетишкендигибиз деп ойлойм!

Жылдыз ЖАЛИЕВА, Бишкек шаарынан.

Jul 05

Кыргыз ӨҢҮ_Сүймөнкулдун ӨҢҮ_ндөй!

«ААЛАМТОР» АЛКАГЫНАН АЛЫНЫП, «ФЕЙСБУКЧУ» КӨЧМӨНДӨРДҮН ДЕМИЛГЕСИ
МЕНЕН ЭҢ АЛГАЧ ИРЕТ ДАЙАРДАЛЫП БАСМАДАН ЧЫККАН КИТЕП.

Бул китептин чыгуу тарыхы ойдо жок жерден эле Көчмөндөрдүн демилгеси, ошолордун чагылгандай тездиги, дароо, уйушкандык менен топтой салган каражатынын негизинде эле жарык көрүп калды.
Чыгарууга түрткү болгону Ааламтор алкагында алгачкылардан болуп «Кыргыз Көчү» тобу, тагыраагы менин демилгем менен Беткитептин бетинде «Көч Байланыш» уйуштуруп, ал байланышка Президенттин Этностор аралык байланыш бойунча мурунку кеңешчиси Эмилбек Каптагаевди чакырганыбызда дароо макулдугугн бергени, жана «Көч Байланышыбыз» ойубуздагыдай ийгиликтүү ишке ашып, ал эмес жогорку деңгээлде өткөрүп алгандан кийин эле чыгып кетти.
Ошол эки күнгө белгиленген алты саатык Байланыш жыйынтыкталып жатканда эле биздин “Көчтөгү” аксакалыбыз, “басмачы” байкебиз Жаныбек Жанызак «ушул көтөрүлгөн орчундуу маселелелер жана суроо-жооптор ушул жерде калып калабы, эл-журт деген бар, алар дагы окусун, чакан китеп кылып чыгарып койолу” деген сунушун айтып калды. Ал сунушту “Көчмөндөр” бир добуштан дароо колдоп кетишти да дүйнөнүн ар кайсы бурчунан өз каражаттарын салып жиберишти.. Анан мына, ушул китеп он беш күндүн айланасында эле жарык көрүп, чыгып кетти. Китеп “Жанызак басмадан” беш жүз нуска менен чыкты. Китепке ошол “Көч Байланышыбыз” толук кирди. Андан сырткары “Кыргыз Көчү” тайпасына жарыйаланган тил маселелери бойунча маанилүү Кайрылуулар, ой толгоолор, макалалар, “Кызыл Бурч” аттуу “Кыргыз Көчүндөгү” атайын ачылган рубрика менен чыгып жүргөн чет өлкө жарандарына турмушка чыккан кыздарыбыз менен болгон маектер кошулду. Китеп ойдо жок эле жерден чыгып калды, ошондуктан оош-кыйыш, кемчиликтери болушу толук мүмкүн. Көч бара-бара түзөлөөрүндө шек жок..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Келсинки шаары,
июль, 2013-жыл.

КИТЕПТИ БАСЫП ЧЫГАРУУГА ӨЗ САЛЫМДАРЫН КОШКОН
«КЫРГЫЗ КӨЧҮ» ТОБУНУН ДЕМӨӨРЧҮ АЗАМАТТАРЫ!.

 

КИТЕПТИН ЖАНА  «КЫРГЫЗ КӨЧҮ»  МЕКЕНЧИЛДЕР ТОБУНУН БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ЧАКАН КЕҢСЕСИН АЧУУ АЗЕМИНЕН АЛЫНГАН СҮРӨТ БАЙАНДАР.

Mar 29

“Кыргыз Көчү” 1 жашта!.

 

 “КӨЧ – КӨЧМӨНДӨРДҮН УЛУУ МАЙРАМЫ..”

Мына, таң кылайып атты. Мөңгүлүү аска-тоолорду али көрүнө элек күн нуру чайып, сай-сайлардын шоокумуна тунган өрөөндөр көк күүгүм түстө тунжурап, көк жайык конуштагы айыл ойгоно баштады. Бүгүн бул айыл алыскы жайыттуу жайлоого журт которот. Боз үйлөрдөн түтүн булап, адаттагыдан эрте тамак-аш даярдалууда. Эр бүлөлөр кечээ жайыттан түшүрүлүп, тизилген төөлөрдү комдогонго киришти. Төрлөрдөгү жылкыларды айдап келүүгө жылга бойлоп атчандар кетти. Күн жарыктык да балбылдап чыга келди. Үзүктөр сыйрылып, бөбөктөр али уйкуда… Анан көп өтпөй Көч башталды. Кыргыздын байыртан келаткан улуу Көчү. Адегенде «чой-чойлогон» койчулар, тайтулакчан балдар жарыша аларга кошулуп, майда жандык менен бирге уйлар айдалат. Артынан калпактарын алчыланта укуруктарын сүйрөтүп, айгырларын азыната жылкычылар түшөт жылкыларын күтүрөтүп.. Анан гана уук, керегелер кайкалата жүктөлгөн нарлар жетекте жолго чыгат.
Ооба, дал ошол жолго чыгаардын алдында эски журттагы акыр-чикирлер жыйналып, кемегеге көмүлөт да, кол чаначтагы бал кымыз кыдырата сунулат. Соңунда дуба окулуп, жашоонун күрдөөлдүү күндөрү жылт этип өткөн касиеттүү конуш менен коштошуу, жаңы сапарга жакшылык тилек айтылат.

Ошентип Көч жолго чыкты. Көч – көчмөндөрдүн улуу майрамы. Болгон жаңысын, тазасын кийинген эл көчүп баратат. Адамзат табияттын ыргагына термелип, ушунда бир жарашат. Шатыра шатман, куунак көңүл, эч бир көөнөрбөчүдөй өмүр. Жолдогата тааныган да, тааныбаган да айылдардан нан, каймак, кымызын сунган мээримдүү жандар узатып, каалоо-тилегин жаадырышып, кол булгалап кала беришет. Бул ыйык салт. Ата-бабанын айныксыз жашоо эрежеси. А көч болсо кетибатат калыбынан, улуу асыл наркынан жазбай…
Асанбек Кыдырназаровдун «Кыргыз Көчү» күүсүн угуп атканда ушундай турмуш элесине тунам. Кайран күү, кайран комузчу. Акыйкатта бу киши өмүрүндө жыйырмадай күү чыгарыптыр. Бирок жалгыз перзенттей жаралган «Кыргыз Көчүнө» неси тең келмек? Дегеле, «Кыргыз Көчү» күүчүлөрдүн соңку залкары Асанбек абанын эле эмес, бүткүл улуу комузчулардын керээзиндей сезилет мага. Аттиң, урпактарыбыз тыңдаар бекен, бизче кусага батып, кубанычка балкыр бекен?..

Мен бу залкарга 1991-жылы борборго алгач ишке келгенимде оро-пара кездешип калдым. «Ысык-Көл» гастрономунун маңдайында жол боюнда ойлонуп турган экен, салам айтсам алик алып, аты жөнүмдү сурап жиберди. Апасы биздин айылдык экен. Тимеле таятасы Молдосары тирилип келгендей колумдан жетелеп эле үйүнө алып жөнөдү. Үйүндө өзүнө окшош калбаат, жайдары байбичеси жана дагы бир өтүкчөн зор киши тосуп алышты. Өтүкчөн адам Асанбек абанын айылдан келген курбусу экен кучакташып көрүштү. Тамак-ашы даяр үстөлгө отура баштадык. Мен кичүүлүк милдет менен эже тарапка жайгашсам, Асанбек аба айтып атпайбы: «Ай, бала, сен жогору өт. Биринчиден, таякесиң, жолуң улук. Экинчиден, азыр кээ бирлер үстөл алдында бут менен сүйлөшүп жиберишет. Мен ошон үчүн дайыма аялым жакка отурам» деп.
Асанбек Кыдырназаров мыкты актер болгон. Кезинде Москвадагы айтылуу А.В.Луначарский атындагы театр институтунан билим алган. Кыргыз театр өнөрүнүн классиги М.Рыскуловдун «мага Асанбек гана дублер боло алат» дегени эле эмнени айтып турат. Бирок анын эч кимге көшөкөрлөнбөгөн, бетке чабар мүнөзү далай өзүнө төп ролдордон жана сый ургалдан куру калтырды. Ошондой. Таланттуу адам дымактуу болот, убактылуу жыргалы үчүн эч кимге жөнү жок шыйпаңдабайт да, таазим этпейт.
Туурасын айтсам, Асанбек Кыдырназаров жана атасы Кыдырназар Ботогур уулу жөнүндө бир далай саймедирейин дедим эле. Ойлоп көрсөм, сөз тамам. Залкардын «Кыргыз Көчү» эле асыл эмеспи. Асылга айла жок деген ошол…

Дүйшөн КЕРИМОВ, журналист.

Mar 07

«АЛКЫШ»

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил бойунча Улуттук комиссиясы «КЫРГЫЗ КӨЧҮ» тобуна атайын «АЛКЫШ» жарыялаптыр. «Малекеттик тилди өнүктүрүүгө жана анын кадыр-баркын көтөрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз»” дешет «АЛКЫШ» ээлери. Бу да болсо биздин алгачкы ийгилигибиз, бу да болсо биздин кыргыз тилинин өнүгүп-өсүшүнө кошкон азгантай салымыбыз!
АЛКООЛОРУБУЗ арбый берсин урматтуу «КӨЧМӨНДӨР!»..

«КЫРГЫЗ КӨЧҮ» тобуна арналган «АЛКЫШ» баракчасы.

 

 

Mar 05

Ак калпак күнү..

АК КАЛПАК КҮНҮҢӨР МЕНЕН КЫРГЫЗДАР!..

КЫРГЫЗ БОЛСОК КЫРГЫЗ ӨҢҮ_Н СЫЙЛАЙЛЫ!..

Кыргыздар, кыргыз экенибиз чын болсо, кыргызбыз деп өзүбүздү-өзүбүз сыйласак анда Ааламтор (Интернет) айдыңында кыргыз ӨҢҮ_менен жазууга өтөлү! Ал мага, сага жана жамы кыргызга керек. Кыргыз тилинин өркүндөп-өнүгүшүнө, күн санап өсүшүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошкубуз келсе анда кылчактабай кыргыздын ӨҢҮ_тамгалары менен жазууга тайманбай киришели! Мына ошондо гана тилибиздин да, дилибиздин да кеңири кулач жайып өнүгөөрүнө өтө сонун өбөлгө түзүлөт!. Кыргыз ӨҢҮ_тамгаларын жайгаштырып жазуунун эң жөнөкөй жолу мынакей. Азыраак убакыт жана аракет керек болгону:   http://janyzak.kg/jankg_ky/jankg_ky.exe  Ийгилик каалайм!.