Aug 17

Тарых жана тасма..

****************************************************************************************************************

ээ 63

Белдүү кинорежиссерлер Садык Шер Нияз жана Актан Арым Кубат менен. Санкт-Петербург шаары. 2014-жыл, август.

ЧЫҢЫРГАН ЧЫНДЫК ЖАНА ЭЛ КАНЫНА СИҢЕ ТУРГАН ЭКИ КЕРЕМЕТ!.

Биз, кыргыздар кийинки мезгилдерде кимдир бирөөнү каалагандай катыра сындап, тактабай туруп таш ыргытканга гана маш болуп бараткандайбыз! Сынды айтуу керек, албетте, бирок ошондой сынды айтаардан мурун анын оң жана терс, эң башкысы баалуу, керектүү жактарын дагы көргөнгө, айтканга, айтпасак дагы жок дегенде түшүнгөнгө аракет кылууну унутпашыбыз керек эле. Мындай өнөрдөн арылбасак болбойт!

Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү арабыздан чыгып жаткан мыктыларыбыздын эл суусап турган учурда жаратып жаткан керемет чыгармалырын барктап, баалап, окуп, көрүп, жакшы жактарын кабыл алганга, ошондой жактарын даңазалап турганга жан үрөгөнүбүз оң эмеспи. Мындай маанилүү көркөм чыгармалар кантип зыяны менен терс таасирин тийгизсин, тескерисинче пайдасы тоодой эмеспи, мен ушуга бөркүмдөй эле ишенем жана ишенгиле деп айтаар элем..

Элинин, улутунун жүрөгүнүн түпкүрүнө терең сиңип, жан дүйнөсүн козутуп, ой-туйумунан бекем орун алып, ар бирин ойлонтуп, ойгото турган баалуу чыгармаларды көрпенделик кылып, ойду-тоону сүйлөп, кошкуруп чочуп, андан да кызыгы аз-көп деп акча менен баалоого мүмкүн эмес.

Ачык эле айтып койойун, акыркы 23 жылда кыргыздын канын жарып чыга турган эки баалуу чыгарма пайда болду окшойт, анын бири бүгүнкү күндө бүткүл кыргыз коомчулугунун бүйүрүн кызытып, эртерээк көрсөк болот эле деп көздөрүн кызартып жаткан Садык Шер-Нияз тарткан тарыхый эпикалык тасма «Курманжан Датка» жана кыргыздын кыйырына тарап, түтүнмө-түтүн издеп, түпкөтөрө окуйт элек деп ээликтирип жаткан акын Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылары».
«Курманжан Датка» азыркы тапта адашып, кайсалап, кайда басаар жолун таппай, тамтаңдап турган кыргыздар үчүн так багыт бере турган жол, көөдөнү менен көзүн ача турган күзгү, азыркылар, ал гана эмес урпактарыбыз үчүн кала турган көөнөрбөс байлык деп эсептейм. Кино жаатынан алганда, ал эми адабият, жазма жаатын алсак «Агындылар» анча-мынча дүйнөлүк адабиятты титиретет дегендерден ашса ашып түшөт, асты кем калбайт деп ойлоп турам. Эгер менин капчыгым калың болуп, чөнтөгүмдү жашыл кагаздар «жарып» турган байлардын бири болсом ушул сыйактуу улуттун суусунун кандырып, жаркын келечегине «жарк» этип үмүт жандыра турган руханий-маданий аталган баалуулуктарды, байлыктарды ар бир кыргызга бекер көргөзүп, бекер таратып, ал эмес ар биринин үйүнө бекер жеткирип бергенге дайар элем, болгон ал- күчүмдү жумшап, акчамды да, аракетимди да айабас элем..

КЕЛ-КЕЛИ КЕЛДИ КИНОНУН..

Аз мурун Питерде (Ленинград) болуп, азыр Монреаль (Канада) фестивалына катышуу укугун алып, ошол куттуу жерде шымаланып, «мына мени көргүлө» деп билегин түрүп турган айтылуу тасма «Курманжан Датканын» режиссер койуучусу Садык Шер-Нияз менен жолугуп, эки күн дурус эле эзилип сүйлөшкөндөй болдук. Өзгөчө ушул тасманын тегерегинде, тартылуу тарыхы бойунча да бир топ божурашып, Питердин салкын жел аймап мемиреген алгачкы түнүндө «Вероника» аттуу керемет мейманканасынын эшик алдында түн ортосун оодурганча отурдук. Эмнеге эле ушул тасманы бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, эбиреп-жебиреп, оозунан түшүрбөй калды дегендер деле чыгып жатса керек? Айта турган аш-пишти айтыш керек, дей турганын деш керек. Ага татыктуу, ошон үчүн ой-санаамдан кетпей турат, боштукка айланып бара жаткан көөдөнүм көөп, кадимкидей толуп, толкундап турат..

ээ 56

Санкт-Петербург шаары, “Вероника” мейманканасындагы кечки баарлашуу. 2014-жыл, август.

Алгач трейлерин көрүп эле элейип калганыбыз деле чын. Анан эле кайдан-жайдан тасманы толук көрүү бактысына туш келип, көрүп чыккандан кийин көлкүлдөп кадимки коргошундай «эридим». Көздөн жаш кетти, дене бой чымырап, эмоция деген шумдугу бир топко элжиретип салганы менен жок жерден эле эрдемсинүү пайда болуп, муштумдар чытырап түйүлүп, «биз кыргыздар ушундай болгонбуз, баатырбыз, багынбайбыз, бөлүнбөйбүз» дегендей айбаттуу дем-күч пайда болуп, толкуп, дердеңдей түшүп, калдактап, каалгый басып калганды айтпагыла. Кадимкидей канды кызытты, шердентти..

Айтайын дегеним бул, аз мурун эле атыла элек айуунун терисинен тон бычып жиберишип, андан да ошол тонду талпактай эле талап, тытмалап жиберишпедиби, телегейи тегиздер. Эң кызыгы ошол өлө да элек, эч ким көрө да элек айуунун терисинин баасында болду. «Тоңуп өлүп баратсак деле жыңалач жүрсөк болмок, казынанын акчасын самандай сапырып салыптыр» дешти. Балким туурадыр, бирок мышык бекер мыйоолоп бербей турган заманда ким бекер оокат кылат, ким бекер кино тартат, жана ошондой эле ким бекер бирөөгө жок жерден жабышып, асылып, шыбап, «шыбакчынын» жумушун аткарат? Анын баары азбы-көппү акча турат. Же калп айтамбы?

Ким гана болбосун өзүнүн акыл-күчүн коротуп, тыным албай жасаган ишин элге жаккыдай, көргүдөй, мактап-жактагыдай, акыры ак эмгегин актагыдай болсо экен деп тилейт, ошого алынын жетишинче жан үрөбөскө аргасы жок. Жүздөгөн актерлер тынымсыз тытынып тарткан ушул тасмага кеткен каражат азбы же көппү? Мен айтаар элем, арзыбаган акча. Чындыгында Садык мырза өзү дагы баса белгилеп айткандай, бул тасма чыгармачыл топтун көкүрөктөрүндөгү демдеринин күчтүүлүгүнөн, анан булардын карандай мекенчилдигинен, элжүрөк көк беттигинен эле тартылып бүтүптүр. 70 миллион сом 70 миллион доллар эмес, албетте 1,5 миллион доллар карапайым, чор тамандарды жакасын мыкчытып, жаратканына жалынтып жибериши мүмкүн, бирок мындай акчаны бүгүн кыргыздын орточороок делген байбачасы бир күндүк эле «крутой» эс алуусуна чачып салып, чыйт түкүрүп, чычайып басып кете берет эмеспи? Муну да жалган деш кыйын.

Майдалап отурбай эле маанилүүлөрүнөн ортого сала кетейин. Эгемендик алган күндөн тарта талап-тономой заман келип, кой эмес анын корголу, сарай эмес самандын бир талы калбай, завод-фабриктеги станокторду койгула, суусаганда суу жутаарга стакандарын калтырбай талап жок кылган учурда киночулардын үйүндө кыйраткан техниканын «бдүрү калыптыр» дегенге ким ишенет эле? «Кино тартып баштаардан мурун киного тиешелүү техникалык аппараттардын эң арзан делгендеринен эптеп-септеп сатып алдык, аздыр-көптүр техникалык шаймандарыбызды оор-топондотуп алганыбызга андан бетер сүйүнүп жатабыз, ошого жетиналбай, кудуңдап турабыз»  деген кубанычын деле жашырган жок. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бирден-бир мыкты, сапатту делинген, тасма тартууга жана башкларын аткара турган дардайта салынып, суналган узун, кабаттуу студиянын ичин аралап, “сойлоп”  жүрүп отуруп, анча чоң эмес атайын үн жазучуу залга келип жайгаштык. «Шырп» эткен ашыкча үндү дароо өзүнө сиңирип жутуп жибере тургандай жагымдуу кооздолгон ошол тепкедей көрмө залдын жасалгасынын өзү эле үч миллион «жашылбайдын» башын жайлаптыр. Олчойгон акча тураарын билип туруп, көздү жуумп, тартылган тасаманын сапаты мыкты болуш үнүн дал ушул жерден жаздырууга туура келгенин, ошого улай эле «буйурса, жакынкы келечекте өзүбүзгө дагы так ушундай үн жаза турган студияны ачуу максатыбыз бар» деген Садык Шердин дымагы мени да бир топ шердентип салды. Ичимден, «азамат, аракет менен дымак эч убакта адамды артка тартпайт, кармабайт, алдабайт, ылайым ишке ашып кеткей эле» дейм.

ээ 65

Үн жазуучу студияда..

Кино тартуунун тарыхында ушул килтейген шаар Питердин эң көрүнүктүү делген чок ортосундагы «Сарайлар айанты» (Дворцовый площадь) аталган айантты эки гана кинорежиссер бир канча саатка киши баскыс кылып жаптырыптыр. Биринчиси атактуу Бондарчуктардын улуусу «Кызыл коңгуроолор» (Красные колокола) деген тарыхый тасмада 1982-жылы жаптырганга даремети жетсе, экинчиси ушул, кыргыздын киносу «Курманжан Датканы» тартууда Садык Шер төрт саатка жаптырыптыр. Болгондо дагы кышында, орустар жаңы жылдык шаан-шөкөткө күпүлдөп дайарданып, ал эмес айантына бакыйтып балатысын орнотуп койгонуна карабай керектүү эпизодун келтире тартып алып баса беришиптир. Бекер эле бере коймок беле, аянтты дарбаза жапкандай дароо жаба салбай калсын, муйутуп, алардын да муруттарынан сылап, окелеп-жокелеш керек, ансыз кайдан?

ээ 65

Питердеги “Сарайлар айанты” (Дворцовый площадь)

Кыскасы үч жылга жакын түрдүү машакат, азап-тозок менен тоттугуп жүрүп, камырдай жуурулуп чыгып тартылган тасманын бир эле үзүмүн толук айтуу ченебеген далай убакытты талап кылаарына толук көзүм жетти. Эң башкысы тасма тартылып бүтүп калың элдин таразасына койулуп жатканы чоң жетишкендик. Эми калганын эл-журт өзү чечет, жакса жан-дүйнөсүнө бекем сиңирип алат дагы, кайра-кайра кубалап жүрүп көрөт, жакпаса «ушу да кинобу» деген тейде чыйт түкүрүп, бурулуп алып тескери басып кете берет.

Ушул тасманы тартууда Садык Шер-Нияз жеке өзү өтө оор сыноо менен опурталдуу кадамга барып, тобокелдикке жана көк беттике  салыптыр. Биринчиси, буга чейин мындай көлөмдүү, толук метраждуу тасма тартпагандыгы, экинчиси, техникалык базанын жоктугу, үчүнчүсү, жетишээрлик каражаттын каралбагандыгы жана башка толгон-токой себеп-жетишпестиктерди билип туруп көз жуумп, өзүнүн башка болгон аракет-кыймылдарынын баарын жыйыштырып салып, ишенимдүүлүк менен ишти баштап жибергени жаман болбоптур. Ким кандай баалайт, бирок кино тартылды..

Эгер президенттин жеке өтүнүчүн аткарып, кайрадан маданият министири болуп, ошол тармакты тейлеп кеткенде Садык мырза кыргыздардын маданиятын канчалык деңгээлде көтөрүп жиберет эле? Тирукмуш болуп кетмекпиз деп ага деле эч ким кепилдик бере алмак эмес, албайт да болчу. Себеби, элдин маданиятын министир көтөрүп, момпосуй бергенсип ар бир адамдын чөнтөгүнө сала койуп, бат эле баарын маданияттуу кылып жиберет деген болбогон сөз, ал жомок. Маданият деген ар бир адамдын өзүндө, көкүрөгүндө, көөдөнүндө жашаш керек, аң сезими ойгонуш керек, акыл эси оңолуусу зарыл, айлана-чөйрөгө, коомго жасаган көз карашын дал өзүнө, жакынына жасагандай өзгөртүүсү шарт, бүттү, мына, мындан өткөн маданиятты кайдан издеш керек экен? Элдин маданиятын миң жолу маданият министирин алмаштырган күндө деле өзгөрбөйт, ал тургай ордунан да козголуп койбойт. Тескерисинче артка кетээри турган иш. Ал эми Садык мырза «Курманжан Датканы» тартуу менен, эл-журтуна көөнөрбөс маданий жана руханий байлык тартуулаганы бүгүкү күндүн ачуу чындыгы..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, Келсинки шаары, Финляндия. 17.08.2014.

May 25

«Бандит» ажо..

******************************************************************************************************************


КОРДОЛГОН ЭЛ, КОР БОЛГОН ЖЕР!

 
«Элине чыккынчылык кылуу – кечирилбей турган күнөө!       (П. БУАСТ)

 

Асыран АЙДАРАЛИЕВ

Асыран АЙДАРАЛИЕВ

Азаттык, эркиндик дегенде эт-бетинен кеткен «Кайран эл» акыркы беш жыл ичинде эки ирет элдик «революцияны» баштарынан кечирип, биринен-бири өткөн эки «жексурдун» үй-бүлөлүк заардуу бийлигин «төңкөрүп», бүтүндөй борбор Азия алкагында «ак каргага» айланып, Парламенттик башкаруу жолуна умтулган өлкө катары, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн баарынын «аллергиясын» карматып, тартынбай, тар жол, тайгак кечүүнү тандап, асканын кырында «асылып» турган чагы. Алгач ушул өлкөнү башкарып, аз-аз ийгилик жаратымыш болгон менен аялын тыйганга жарабай «эл эмне десе ошо десинге» өтүп, акырын «жылт» койгон (ал дагы саткын) академик Акаевди айтпай ак койо турайын дагы күтүүсүздөн, тагдыр буйругу менен майланышып, манты жеп отурган жеринен келе калып ажолук кызматты басып жыгылган «айыл өкмөт» деңгээлден ашпаган бригадир, өлкөнү бүт үй-бүлөсү, туугандары менен башкарууга өтүп алып «бандит», «канкор» атка конгон (бул дагы саткын, чыккынчы) Закиржан Бакиевдин жолдо калган далай жоруктары жөнүндө угуп-көрүп, ал гана эмес анын зөөкүр бийлигине «жуурулушуп», казанында «кайнап» калган журналист катары жеке өзүмдүн ой-пикиримди ортого салууну туура көрүп отурам. «Бандит» ажонун бийлиги өкүм сүрүп турганда аргасыздан сүйүктүү Ата Мекенинен айрылып, бөлөк эл-бөтөн жерди мекендеп жашап жүрүшкөн ондогон «сайасый качкын»  аталган кыргыз боордошторумдун арасында мен дагы бармын. «Дөгүрсүп» атып «дөөлөтүнөн» кол жууган бул адам жөнүндө жакшы эле айтылып-делди, айтылып жатат, дагы далай айтылат. Деги ким өзү бул, Закиржан Бакиев деген? Менин ортого сала турган жеке ой-пикир оролум дагы мына дал ушул суроонун тегерегинде болсун!


Жетимиш ашык “желпайыз” менен “дардактата шайлап”, “броньежелет” кийгизип, анын сыртынан “ак таарга” ороп, ажолук такка отургузган өлкөнүн биринчи кишиси эле. Дал ушул өлкөнүн чок ортосуна жайгашкан Ала-Тоо аянтында туруп, жумурай-журт алдында ант берген ажосу болчу. Түшүнсөм Кудай урсун, мындай “шанс” каалаган эле адамдын бактысына буйуруп, маңдайына жазыла бербейт. Тамаша-чындап айтканда ар бир алтынчы кыргыз ажо болуп, эл башкаргысы келет. Анан эми толгон кыргыздын арасынан топтой болгон “бакыт куш” минтип кайдагы бир кытайдан келген аткошчу, малайдын чөбөрөсүнүн башына конуп атса, “эл-журт атасы” деген ыйык наамды кастарлап, калыс, акыйкат болуп, кадырына жетип баалагандын ордуна бул “айбан” колунан келишинче, алынын жетишинче түптүү кыргызды “түнөртүп”, бүтүн дүйнөгө маскара кылбадыбы. Бир туруп “бука”, бир туруп “боксёр” болуп өзгөрүп, кээде кескелдириктей тилин соймоңдотуп “эмне кылабыз эми, айла жок, тезек терип жан баккыла” деп алакан жайып шылдыңдап, а эл-жер байлыгын жалгыз өзүнүн чөнтөгүнө солосо кана, капкайдагы бир жер курутуп, качып-бозгон эл аралык деңгээлдеги “аферист” жөөттөргө “бармак басты, көз кысты” кылып, миллиондоп тартуулап, көпкөн эки баласы менен кутурган инилерине бүтүндөй кыргызды “тебелетип”, терибизди тескери сыйрып, кан агыза кайыш тилип турушту го, чиркин!.

   

Курманбек Бакиев: "Мен акүйдү керек болсо автомат менен коргойм"

Курманбек Бакиев: “Мен агүйдү керек болсо автомат менен коргойм”. 2005-жыл.

Бул “гиена” сымал “мыкаачылар” эмнени гана кылышпады. Акылдарынын тайкылыгынан, алкымдарынын араандай ачыгынан көздөрү оттой кызарып, бийликке келип-келбей жатып баскынчылык, уурулук, жан алгыч, бандиттик жолду тандап алышканы эптеп жеткен “жыргал заманын” бат эле жылас кылып, өз ырыскыларынын түбүнө өздөрү жетти. Анткен менен элдин “эсепсиз ырыскысын” он жылдап орду толгус кылып эңшерип түшкөнгө үлгүрүштү. Кыскасы, Бакиевдер атка минбей жатып эле ээрин кыйшык токуп алып, кыйшыгына карабай жабышып-жармашып, жанталашып атышып аз жерден “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” кылып койо жаздашты. Тобо дей туралы, шордуу элдин көрө турган азабы азыраак, колдогон “кожосу” көбүрөөк экен. Тукуму менен тулку бойлорунда кыргыздын каны, кан эмес анын жыты да жок “жармач” немелердин жүрөктөрү “кыргыз кырыла берсин” деп согуп, өчтөрү барбы ким билсин, чалгы чапкандай эле “кырып” киришкени эмнени каңкуулайт.

******************************************************************************************************************

Эми өжөрдүн өжөрү болгон фактыга өтүп, кептин башын булардын уурулук, баскынчылыгынан баштайын. 2005-жылдын 24-мартынан 25-мартына караган түнү Бишкектеги соода-сатык жайлардын баардыгы таланып-тонолуп, “мародёрлордун” күнү тууп жатканда Жалалабат 6шаарында жашаган Закиржандын биртууган иниси Жаныбек БАКИЕВДИН “жамбашы” болуп көрбөгөндөй ысып, бир эле түндө миллионер болуп чыга келген. Башкаруусуз калган өлкөдөгү башаламандыктан пайдаланган Жаныш өзүнүн “бандиттери” менен Улуттук банктын Жалалабат шаарындагы филиалын тоноп, (акча салынган сейфти автоширеткич менен кесип ачышкан) алгачкы алынган маалыматтар боюнча кыргыздын кызылдай болгон 150 (жүз элүү) миллион сомун сологонго үлгүргөн. Көп өтпөй эле тонолгон миллиондордун суммасы 22 миллиондон ашпай калды. Себеби түшүнүктүү болчу. Бактысы “тоодой” Бакиев “куйругун түйгөн” Акаевдин ордуна убактылуу Президент жана Премьер министр болуп “олчойо” бекем отуруп калган. Бийликтин эки чылбыр бир тизгинин “кан” чыгара мыкчыганга жетишип. Банктын филиал башчысы Мелисбек БАТЫРБЕКОВдун биртууган иниси 6Султан менин жакшы таанышым эле. Ал жигит 25-март күнү таң атпай үйүмө келип төкпөй-чачпай, болгонун болгондой айтып берип, колума видео-тасма карматкан. Жаныш жана анын “бандиттеринин” адам чыдагыс кыйноосуна туруштук берип “чудом” аман калып, араң кутулуп качып чыккан Мелисбек баштан айак айткан окуясын тасмага тарттырып, түнү менен өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу Бишкекке берип жибериптир. Мен ошол эле күнү ал тасманы андагы абройлуу эл депутаттар Кубатбек Байболов, Өмүрбек Текебаев жана Мелис Эшимкановдордун колдоруна тапшыргам. Эмнегедир эл депутаттардын колунан да эч нерсе келбей калды көрүнөт, ошол бойдон “кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп тынчыды. Менин ал окуйа бойунча эки-үч ирет жазган макаламды алар чымын чаккандай да көрүшкөн жок. Айтмакчы, ошол “карактаган” топту башкарып, катышкандардын бири айтылуу Молдомуса (Конго) Конгантиев болгон. Кылган “баалуу” кызматы кыйа кетпептир, катардагы эле милициянын майору үч жылга жетпей министирлик кызматты басып жыгылып, милициянын генерал майору болбодубу.

******************************************************************************************************************

“Биссимилда” дегенде эле бийлиги кан менен башталган Бакиевди эл арасындагы “эксперт, көзү ачыктар” бул түрү менен алыс узабайт, кан менен кетет” дешкен. А бул шүмшүк болсо “мен агүйдү керек болсо автомат менен коргойм” деп келжиреп салган. Оозуң күйгүр, жаңылбаптыр. Дал ушул айткан сөзүн текке кетирбей иш менен бекемдеген Закиржандын заардуу бийлиги бейкүнөө канча кыргыздын башын жутту?. Курмандыкка айланып, биринин артынан бири чалгы чапкандай сулаган ошол кыргыздын сурайылдай жигиттеринин анча-мынчасынын гана аттарын атап кетейин.

"Канкор" Бакиев бийлигинин курмандыктары. Үсөн Кудайбеогенов, Баяман Эркинбаев, Раатбек Санатбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Руслан Шаботоев, Санжар Кадыралиев, Рысбек Акматбаев, Тынычбек Акматбаев.

“Канкор” Курманбек БАКИЕВ бийлигинин курмандыктары: Үсөн КУДАЙБЕРГЕНОВ, Баяман ЭРКИНБАЕВ, Раатбек САНАТБАЕВ, Жыргалбек СУРАБАЛДИНВ, Руслан ШАБОТОЕВ, Санжар КАДЫРАЛИЕВ, Рысбек АКМАТБАЕВ, Тынычбек АКМАТБАЕВ.

Эң алгачкысы атактуу каскадёр Үсөн Кудайбергенов болду. Ит аткандай артынан кууп жүрүп атып салышты. Себеби белгисиз. Эл депутаттары Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Руслан Шаботоев, Санжарбек Кыдыралиев, мандатка бир күн жетпей “окко учкан” кыргыздын криматалыгы Рысбек Акматбаев, дүйнөгө белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев, жана башкалар. Булар болгону менин эсимде калгандары гана. А эгер Бакиев убагында шейит кеткендердин ар бирин эстеп, архивди кассам курмандыктардын саны том китеп болуп топтолоору турган иш. Элдешкис душманы, атын эле укканда “аллалары” оозунан ыргып, 6кекиртектерине сайылып, эки чайнап, бир жута албай калган “кылкан” Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ болду. Өмүкенин “тоодой” саясий салмагынан коркуп, “жеп-ичкен аштары” сиңбей, бул “шордуулар” далай каражатын дамбал ооштурганга жана дарыга жумшады көрүнөт. “Ким көрдү кылабыз” деп кандай гана ыкмаларды колдонушпады, айагында өздөрү койгон шишке өздөрү барып сайылды. Баскан жолуна ор казып, изине капкан, сумкесине наркотик, мойнуна сыйрытмак, койнуна катын салышты. Анткен сайын Өмүкенин салмак ташы өйдө кулап, өздөрүнүкү “таштандыга” айланып жатканына акылдары жетпеди. Кемакыл экени ушу да, биздин айткан-дегенибизге элдин 78 пайыздан көбү “ишенет, колдойт” деп ойлошуп. Мунун баарын бүткүл эл беш колундай жатка билет. Эми мен элге белгисиз дагы бир “айбанчылыктарын” айта кетейин. 2007-жылдын аягында Алатоо аянтына кадимки эле эки “серке текени” кошокткоп алып келишип, ал экөөнө “ак футболка” кийгизип туруп, (жондоруна балтайта жазып салышкан, Өмүкени мазактап) аянтты айланта дыргаяктата кууп жүрүшөт. Ушинтсек эле Өмүрбек шылдың болуп, саясаттан кетип, “асылып өлүп калат” дешсе керек. Ал тарткан тасмасы “Мен, Өмүке кыз теке” деп аталат. Ошол тасмадан алынган бир эпизодду (сүрөттү) Бакиевдин бир Равшан деген “желөпкө” желдети “Агымга” чыгар эле, чыгар” деп аз жерден жанымды сууруп ала жаздаган. Ал сүрөт “Агымга” басылып калса эле Бакиевинин башына бугунукундай “тарбайган” мүйүз чыгып кете тургансып. “Токол букага” эзели мүйүз чыкпасын бул “жармачтар” кайдан билсин. Ага акүйдөн маркум МЧС атайын киришип, “чыгарба, мени айтты де” деп атып араң тыйган. Ошол дискти мен ушу күнгө чейин сактап, катып жүргөнүмдүн себеби Бакиевдер үчүн эмес, ошону тарткандан уялбай рахат алып, жазыксыз байкуш “макулуктарды” аянтты чимирилте кууп жүргөн сомодой болгон кыргыздын жигиттерин, арсалактап күлүп, кубатташып, арасында кол чапкылап жүргөн (“энебиз” деп кантип айтышат ошолор) айалдардын жүздөрүн бир күнү болбосо бир күнү бүткүл эл көрсө дейм, маскалары сыйрылган “маскаралардын” беттерине түкүрүп.

   

Ушуга чейин барышты. Алдынан кыя өткөндүн баарын “айбанга” теңеп, ойлонбой эле “ор” каза беришип, “оңкосунан” сайылышпадыбы.

   

“Ор” демекчи, оор күндөрдө баштан өткөргөн өтө орчундуу дагы бир окуяны “кыстара” кетейин, капа болбоңуздар. 2006-жылы “Реформа үчүн” кыймылы уйуштурган ноябрь митингиси башталып, тирешүү күчөп, кырдаал катуу курчуп турган. Алатоо айантынан оппозиция лидерлери (Ө. Текебаев, М. Эшимканов, Т. Сариев) “шашылыш түрдө элге кайрылуу даярдоо зарыл” деп, аны мага тапшырышты. Анан “анын орусчасы да сөзсүз керек” деп Роза эжеге кошушту. Ошентип тагдыр буйругу менен азыркы президент экөөбүз “элеңдеп”, ээрчишкен бойдон эженин үйүнө жөө келип, арыдан-бери эки тилде элге кайрылуу жаздык. Мен кыргызча, Роза эже аны которду. Өз колунан түрдүү даам сызып, акыл-насаат, кеп-кеңешин уктум. Дүйнөнү алаканына салгандай терең ой жүгүрткөнүнө тан берип, “тамшангам”. Анан эле кокустан “Бакиевдердин бараар жери “ор”, коркконум элди кошо “орго” сүйрөп кеткени калышты” деп оор үшкүрүп алып, бир далайга унчукпай, ойлонуп калганына анда мен анча деле маани берген эмесмин. Эми минтип үч жылдан бир аз гана ашып-ашпай ал сөздүн мааниси “таш жарып” отурат. Эмне дейин, эң башкысы эне, эже,

Роза ОТУНБАЕВА

Роза ОТУНБАЕВА

эбегейесиз зор тажрыйбалуу элчи, орто Азия аймагындагы эң алгачкы айым ажо ОТУНБАЕВА Роза Исаковнанын ошондогу айткан сөзү кашкайган чындыкка айланып, “канкордун” азабынан ооматы катуу “төгүлүп”, “орго салаңдап” калган элди сактап калуу озуйпасы дал өзүнүн пешенесине буйуруп жатканы Жараткандын буйругу жана “эң жакшы жөрөлгө” деп билем. А мен болсо ал кездеги “Агым” гезитинин атайын кабарчысы, оозго сала бергендей “октой атылып” айтылган ошол “омоктуу” сөздүн “типтирүү” күбөсү катары чексиз сыймыктануу менен эстеп, aчык айтканга “акым бар” деп эсептейм. Бул дагы тарых!

   

Эми өзүмө өтөйүн. Өлкөдөн неге чыга качтым. Эмне, менин өмүрүм башкалардыкынан өзгөчө баалуубу же “балдан” да таттуубу? Мен ушул суроого колдон келишинче кыска, так жана татыктуу жооп бергенге аракет кылайын. Мактаныч эмес, өзүмдү чынчыл, эл-жеримди сүйгөн мекенчил, “Айтпа, айттыңбы аткар!” деген принципти туу туткан карапайым, калыстыкты жактаган ак көңүл адаммын деп эсептейм. Жулунган, калп сүйлөгөндөргө кайнаса каным кошулбайт, андай адамдарды жети желмогузумдай көрөм.

   

Аздыр-көптүр ак эмгек, таман акы маңдай териң менен тапканың гана “таттуу” жана “жетиштүү” деп түшүнөм. Өмүрүн өзүнүн гана ак эмгеги менен өтөп, өйдө карап бир дагы жанга жаман сөз айтпаган, “өзгөнүн жашоосуна көз артып жашагандан көрө өлүп калган артык балам” деген атам Токтоналынын, он жети бала төрөсө да “оорудум-сыктадым” дебеген, бир ордуна эч убакта жай отуруп көнбөгөн чарт-чурт мүнөздүү, “чоочун, эзме” сөздөрдү эзели жактырбаган, “оозуңа кара балэкет” деген “олуя” сөздүн “автору” алтындай апам Назирбүбүнүн айткандары омуртка сөөгүмдү жарып өтүп, чучугума түбөлүк сиңгени, ар дайым жашоомо “жарык нур” чачып турганы турган. Узу-ун узу-ун тилегим, ар дайым аман болушкай эле.

   

Бийлик “көпөстөрүнө” каршы биринчи жолу “билек түрүп” тээ 2002-жылы аттанган элем. “Акактай таза, акылгөй” деп жүргөн Акайыч мырзам кыргыздын керемет жайлоосу аталган Үзөңгү-Куушту “жылан чагып, жылкы теппей” жең ичинен Кытайга кертип сатып жиберип, андан да бетин табактай кылып, уйалбай” бул өзү талаш жер, кыргызга кымындай да пайдасы жок” деп Аламановдун оозу менен былжыраганда күйбөгөн жерим күл болуп, акмактар менен ачык күрөшүүгө беттеп, алгачкы кадамымды сайасый ачкачылык (18 күн) кармоо менен баштагам. Дал ошол жерден эл-жерим деп күйүп-бышкан жүздөгөн боордошторумдун арасынан “учкашпа, учкаштыңбы түшө качпа” деген ураанын бек кармап, догдурлардын жана көптөгөн аттуу-баштуу адамдардын тыйуу салганына 6болбой, ооруганына карабай аягына чейин отурган чыныгы мекенчил агабыз, өлүмдөн тайманбаган Шералы НАЗАРКУЛОВ ачкачылык акциясынын 24-түнүндө, 7-февральда менин жанымда жатып жан берди. Ошол кезде элүүдөн эми гана эңкейген Шекем зарлап жүрүп көрүп, жарык дүйнөгө жаңы гана келген жалгыз уулун кериле бир жыттаганга үлгүрбөй, өзүнүн өмүрүн элинин эркиндиги үчүн кыйып, шейит болуп кете берди. Мынакей, чыныгы “Баатыр” деп дал ушул адамды айтыш керек. Удулу келип туру, “кеп кезеги келгенде айтпаса атасы өлөт” демекчи бүгүнкү чынчылдарынын көбү “чырылдаган” бойдон четте калып, ууру-кескиси менен “эскиси” жан үрөп жанталашып жаткан жаңы бийлик курамына, азаптуу күндөрдү жалгыз аркалап, атан төөнүн жүгүндөй жүк башына түшсө да “тебишип”, тең ата болуп сүйлөшө баштаган өлкө башы Роза 6Отунбаевага кулак кагыш кылып койсомбу дедим. Эгемендүү өлкөдө эң алгач элинин эркиндиги үчүн өз өмүрүн арнаган дал ушул маркум Шералы Назаркуловдун арбагын сыйлап, ойлонуп отурбастан “Кыргыз эл Баатыры” деген жогорку наам ыйгарылышы керек. Өз убагында болбосо да өлгөндөрүн эстеп, барктоо дагы (эрдигине жараша) өнүгүп-өсүүгө тете жумуш экенин унутпасаңыздар. Бир чети муну сүйүнгөнүмдөн айтып жатам. “Кайран эл” деп үнү карыккыча какшап жүрүп, Аксылык азаматтарды аткан эң башкы күнөөкөрдү табам, аягына чыгам” деп жүрүп асыл Докем, эсил Докем дагы “каңкорлордун” азуусуна илинди. Кыргыздын бир жаралган көйкашка таланты, нур чачкан жылдызы, кара кылды как жарган калысы, накта Бакайын да так ушу “көркоолор” жутту. Тирүүсүндө агаралбай кор болгон Дооронбек САДЫРБАЕВДИН сөөгүн агартып, ” Баатыр” деген татыктуу наамдын ыйгарылганы эң мыкты башталыш болду. Ордунан тура калып, “тамынын потологу”, менен “таягын” бир карап алып, “комдонуп” кайра жатты го, кайран Докем. А “Баатырлар” эч качан өлбөйт эмеспи. Ушундай баатырларды унутпай, улап дегеним.. .

   

Эркиндик куну кандай татаал, “баалуу” экенин дал ошол саатта түшүнүп, мээме кыт куйгандай уйуду. Ошондон көп өтпөй ал учурда атагы таш жарып, Акаев бийлигин алдыңкылардан болуп азабын жедире “туздап” турган эң окумдуу “Агым” гезитине фотокабарчы болуп орноштум. Тагдыр буйругу экен, ММК казанында он жылга жакын “кайнап”, аталган гезиттин журналисттик тепкичинин баарын басып өтүп баш редакторлук кызматына чейин аркаладым. Ошентип демократия желаргысын кашыктап ташып келип, аз эле убакта өлкөнү “демократия аралчасына” айлантып жиберген академик өзүнүн “чөнтөгүндөгү” эптеп толтурган ырыскысын чөмүчтөп чачып, бийлигин айалы менен кызына, ал эмес балдыздары талаша баштаганда алапайын таппай, анын кесепети келип төбөгө катуу урду окшойт, ак калпагы башынан алыс ыргып кетип, бийлиги “төңкөрүлүп”, аягында “эл журттан безип”, “талаада калды”. А бирок ал мезгилде эртеңки күндүн кай жактан чыгаарын, күнүмдүк жашоо кандай башкарууга өтүп, ким “бийлеп”, кай чуңкурга барып кептелээрибизди ойлогон адам болгон эмес. “Дөңгөктөн качып аңгекке” түшкөнүбүздү аз өтпөй эле аңдадык. “Демократия, сөз эркиндиги” деген түшүнүктү колдонмок тургай түшүбүздөн көргөнгө тыйуу салышты. Бакиев бийлиги тамырын өтө тез түптөдү да “урдум силердин демократияңарды” деп бармагын эки салаасынын ортосунан балтайта чыгарып туруп “кашыктап”, башыбыздан сылап-сыйпап отурбай эле чака-чукасы менен “чалп” эткизе чаңдаган сууга “чачып” жиберди.

   

2007-жылдын башында “Агым” гезитине “куугунтук по-култаевски” деген рубрикадагы “Досум Конгантиев турганда кокоңорду жулуп алам” аттуу көлөмдүү макалам жарыя болгон. Макалада Бишкек шаардык башкы Тергөө башкарма башчысынын орун басары, милициянын полковниги 6Кубанычбек КУЛТАЕВДИН мыйзамды одоно бузуп, эмгек жамаатка жасаган орой мамилеси, аз эле убакыт аралыгында көп жылдык тажрыйбасы бар машыккан тергөө кызматкерлерин эч себепсиз өзү каалагандай башка жумушка которуп, кыскартып, кызмат даражаларын төмөндөтүп, отузга жакын тергөөчүнүн тагдырына “түкүрүп” ойундагысын жасаганы айтылган. Каршылык көрсөтүп, калыс болом дегендерге “билген намазыңарды окугула, досум Коңгантиев турганда менин “погума” куурай сайа албайсыңар” деп текеберленгени ж. б. жазылган. Кутулбас куйага калганымды элди айантка алдап айдап чыгып, “алаамат” баштап койуп акырын “жылт” койгон айтылуу “желим фронтчу” Куловдун апрель митингиси айактаары менен билдим. Ленин райондук соту мага кылмыш иш козгоп, азабымды жедире алты айга жакын сүйрөдү. Култаев мага жолукканда эле айтты, “ким көрдү” кылып салчу ит экенсиң” деп, тартынбай эле айтты. Андан дагы менин ата-жото, тууган- уругумдун бирин калтырбай түбүнө чейин изилдеп “касып”, тилекке каршы “илинчээк” таппай койгонун, ага абдан катуу өкүнгөнүн да жашырган эмес. Акыры айлам кеткенде жактоочумдун (адвокат Илим Карыпбеков, азыркы КТРК 6нын башкы деректири) жана башкалардын айткан кеңешине аргасыз макул болуп, Култаевдин кулкунун “оттуу сууга” оозунан куйулгуча “закүскө” кошуп толтуруп, эркекче суйлөшуп “мировойго” келгенбиз. Зулуевичтин дагы бир өзгөчө талабы М. КОНГАНТИЕВге барып, башымды ийип, чөгөлөп кечирим сурашым керек эле. Анысына мен “эч качан” деп баш тарткам. “Өзүң бил” деп кекенгендей түр көрсөтүп, “кычуусу” канбай калганын да байкагам. А анын “Конгосу” мен суракта “сүйрөлүп” жүргөндө Бишкек ШИИБин калчап турган. Көп өтпөй министир болду. “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей кайсы жеринен, кандай, канча “кулак” чыгараарын эр болсоң эми аңдап көр!..

   

Куугунтук ушуну менен эле токтоп калган жок. “Агым” гезитине болгон кысым күчөп, анын ичинен мага Желдеңбаева деген “жел уруп калган” бир катындын (мунун да Коңгантиевдер менен “койун-колтук” алышкан ымаласы бар экенин кийинчерээк эшиттим) эч бир негизсиз жазылган доо арыздарына байланыштуу Бишкек ШИИБ инин Максат аттуу тергөөчүүсүнө 3 жолу, Ленин РИИБ инин Замир аттуу тергөөчүсүнө 2 жолу сурак берип, актыгымды далилдеп жатып, араң кутулгам. “Бизде эмне күнөө байкеси, биз болгону буйрукту аткарабыз” деген тергөөчүлөр “иттин өлүгү” кайда көмүлүп жатканын кыйытышып, кечирип койушумду өтүнүшкөн.

   

Медет САДЫРКУЛОВ

Медет САДЫРКУЛОВ

Төбө чачты тик тургузган окуйа 2009-жылдын март айында болду. Бул жүрөктүн үшүн алган каргашалуу окуя бүтүндөй кыргыз коомчулугунун эсинде. 12-марттан 13-мартка караган түнү Бакиевдин администрациясын эки жарым жыл башкарган белгилүү сайасатчы, дипломат, акүйдүн “серый кaрдиналы” аталып, сайасый чөйрөдө МЧС атка конгон Медет Чаканович САДЫРКУЛОВДУ жанындагы окумуштуу Сергей СЛЕПЧЕНКО жана айдоочусу Кубат СУЛАЙМАНОВ үчөөнү Алматыдан келе жаткан жолдон кармап, мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүп туруп, машинеси менен кошо өрттөп жиберишкен. Үч адамдын өмүрүн кыйып, өз колдору менен жасаган кылмышты “бандит” Бакиевдин бийлиги расмий түрдө “катардагы эле жол кырсык” деген бүтүм чыгаруу менен жаап салганы жалпыга маалым. Негизинен бул кылмышты ким уйуштуруп, кимдин көрсөтмөсү менен ишке ашканы ошол замат эле жалпыга белгилүү болгон. Бирок талкан сугунгандай тымпыйып, ооз ачкан адам болгон эмес. МЧСтин арты менен “адам” болуп, эл депутаты аталып асманды сүйлөп “сиз үчүн жанымды тартууга дайармын” дегенге чейин жетип, тилинен “чаң” чыккан “чечендер” алеки саатта дудука айланып, тилдерин тиштери менен кошо жутушуп, ал эмес колдорун жаңсагана жарабай калышты. Жалгыз орустун айалын коштоп, кошулуп коймок кайда, ал сүйлөп жатканда көздөрүн ала качып “көр сокурга” айланышпадыбы. “Бакс-Макстардын “карегине” кабылып калбагай элек” дешип.. Мынакей, “эл эле, эл” деп төш каккан “Акжолдун” “кара койондорунун” “түктүү төшү”, адамдык сапаты, даремети. Азыр дагы эле дал ошол “кара койондор” колдорун бийик созуп, “агарып” кетишкенсип алдыңкы катарда жүрүшөт. Бул мансапкорлордун көздөгөн эки эле максаты бар. Көздөрүнө “магдыраткан” бийлик, көчүктөрүнө “майлуу кресло”, башкасын уруп дагы ойношпойт. Эми каргашалуу окуйага кайра кайрылып, себебине токтолойун. Себеби жөпжөнөкөй. МЧС өз ыктыяры менен кызматтан кеткен соң Бакиевчилер жакшы эле өз чөйрөсүнөн алыстатпай кармап, “оозун басыш” үчүн жогорку даражадагы 2-3 кызматты сунуш кылышкан. Ал киши баардыгынан сылык баш тартып, ошол эле убакта оппозиция лидерлери менен байма-бай байланышып, “тез аранын ичинде Бакиевдерди бийликтен кетиребиз” деген өтө опурталдуу долбоордун үстүндө иштеп баштаган. Март айынын башында МЧСтен маек алып, ал маекти 10-мартта кагазга түшүрүп келип “басмага бере бербейлиби” десем “бир аз койо тур, өзүбүздүн эле гезитке дагы бир топ “ачуу” маалыматтарды кошуп, толуктап туруп кетирели” деп койгон. Маекте өзүнүн отставкасы, жан үрөп жасаган иштеринин баары Бакиевдердин кызыкчылыгына ооп кеткени, алардын алысты көрбөгөн, элге каршы жүргүзгөн сайасатын ачуу сынга алган жана тез арада “бийликтен четтетпесек болбойт” деген ойун айткан. Эң орчундуусу артынан калбай аңдып жүргөн кишилерди, алар кимдики экенин, “менин душманым деле жок, а мен Жанышка тап душманмын, эгер мага кол салуу болуп, өмүрүмө коркунуч туулса аны ошол “досум” Жаныш Бакиев гана жасайт” деп ачык эле айткан. Кыскасы, андай “каңкорлук” Бакиевдерден башка бир дагы адамдын колунан тургай оюна да келмек эмес. Бул кашкайган чындык.

   

Ал киши кызматтан кетээри менен дээрлик күн сайын жолугуп, тыгыз байланышта болуп, “Бакиевдерди бийликтен кетирүү” долбооруна баш отумду сайып кызматташа баштагам. Ошол күндүн эртерээк эле келишин эңсеп, күндү эмес саатты санап “сароору” болуп жүргөм. Белгилүү оппозиционер Болот Шерниязовдун андан эки жыл мурун чыкпай калган “Алас” аттуу гезитин алып, “ана-мына” чыгаралы деп жаттык эле. Баш редактор катары үч-төрт жакын кесиптешимдин макулдугун алып, Тынчтык көчөсүнөн (Госрегистрдин маңдайында) ижарага офис дайардап, 7-март күнү эртең менен кыргызга аттын кашкасындай таанымал аналитик журналист, байандамачы Алым Токтомушевди (МЧСтин жеке өзүнүн өтүнүчү боюнча) атайын ээрчитип келип тааныштыргам. Ошону менен “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп 13-март күнү таңатпай болгон үмүт-тилегимди “таш капты”. Садыркуловдун көзүн тазалап, капыл-тапыл өмүрүн кыйган “каңкор” Бакиевдер өздөрүнүн өмүрүн туптуура бир жылга узартышыптыр. Өмүрүмдө мындай “шок” болгон эмесмин. Шок болгонум курусун, аз өтпөй “аңчылык” менин артыман башталды. МЧС менен болгон кызматташуум үчүн “кылым кылмышкерине” айландым окшойт. Жашыруун номерлер аркылуу кекетип-мокоткон белгисиз адамдар тынбай тынчымды алып, үй-жайым менен бир түндөн чыкпай өрттөнүп кэтээрин эскертишти. Ал эмес апрель айынын башында баламдын кайсыл мектепте окуп, кайсы маалда келээрин эскертишкенде ошол күндөн баштап уулумдун мектепке баруусуна тыйуу салууга аргасыз болдум.
ээ 42
2009-жылдын 25-апрель күнү Арашан айылында Алмазбек АТАМБАЕВДИ бирдиктүү талапкер катары президенттик шайлоого алып чыккан БЭКтин Курултайына катышып жүргөн маалымда (КСДПнын мүчөсүмүн) Бишкек шаарындагы Биринчи май РИИБинин кызматкерлери милициянын капитаны Дастан ТОКТОБЕКОВ деген “таш мынтыктай” болгон опердин көрсөтмөсү менен (кызматын кыянат пайдаланып, жалаң “рейдерлик” иш менен шугулданган бул шылуун жөнүндө айта турган сөз өтө көп, аман болсок баары жазылуу, айтылат) бир тууган карындашым Райкүл АЙДАРАЛИЕВАНЫ эч негизсиз үйүнөн кармап кетишип, эч кандай далили жок эле СИЗОго камап салышты. Өзү каалагандай чечим чыгарып, дагы далай шордуунун “жанын алды” го Биринчи май райсотундагы Болот Жаналиев деген судья. Негизсиз экенин ашкерелеген шаардык сот туура 20 күндөн кийин актап чыгарды. Ден-соолугу начарлап, чыгаары менен ооруканага жатып, азапты аштай жеди. Жооп берген адам болгон жок. Өз эмгеги менен оокатын кылып, айылдагы “айыл өкмөт” жумушун аркалап жүргөн бир тууган иниме канча тийиштик кылышты. Жан дүйнөм жанчылып, “тойдум байдын кызына” деп, өзүмдү моралдык жактан “тымызын” дайардап, “кетсемби” деп жүргөн маалымда кезектеги “куттуктоону” алдым. “Көчүгүң таза эмес экенин унутуп койдуңбу “братан”, биздин колдон баары келет, эски “жараңды чукуп”, эсиңе салып, ырбатып койуш “семь” эле секунддук жумуш” деди бир зөөкүр. Ардандым, ачууга алдырганым чын, орусча-кыргызча ороңдогон бейтааныш үнгө дал өзүндөй кылып орустун “үч тамгасына” кыргыздын “беш тамгасын” кошуп туруп өтө алыс жана абдан катуу “узаттым” да, телефонумду жерге бир урдум. Дал ошол түнү баарына кол шилтеп, балдарымды алдым дагы чегарадан чыгып, Казахстан тарапка өтүп кеттим. Бул күн 3-сентябрь эле. Алматыга келээрим менен жүрөгүмдү өйүп жүргөн МЧСтин маегин эптеп жарыка чыгаруунун жолун ойлоно баштагам. Тилеке каршы башпаанек тууралуу арызымды кабыл алган эл аралык уюмдар ал маектин жарыка чыгышына таптакыр каршы болушуп, катуу тыйуу салып койушкан. Анан эле жаңы жылга жакындап калганда дагы бир каргашалуу окуйанын күбөсү болдук. Кыргыз журналисти Геннадий ПАВЛЮКТУ артынан кууп келип Алматыдан “тындым” кылышты. Анда дагы мени атайын чакырып, өтө сак болушумду өтүнүшүп, маек тууралуу дагы бир жолу эскертишти. Калп айткан менен казактар ал окуйага өтө катуу дүрбөштү. Эки-үч күн бойу тынбай кайталап көргөзүп, байма-бай бакылдаган баурлардын “үтүктөрүнөн” бери сүйлөп жибере жаздады.

   

Өз мекениңдин баркын жана ыйыктыгын анын чегин бир кадам сыртка аттаарың менен баалайт экенсиң, башыңа таш тийгендей лукулдап. Аргасыз чыгып баратканың андан да тозок тура, кабыргаң кайышып, сөөгүң сөгүлүп.. .

   

Биринчиден, эртеңи эмне болоорун билбеген соң адам баласы кээ бир кыйналган учурунда тобокелге салганы деле туурабы дейм. “Тобокелчи тоо тешет” деп бекер айтпаса керек. Канчалык оор, кыйын болгон менен Кыргызстандан чыгып кеткеним туура эле болуптур. Себеби, Бакиевчилерден (Жанышынанбы, Конгосунанбы, Зулуевичиненби же алардын жайнаган жалданма “баш кесээрлериненби?) ал учурда баардыгын күтүүгө болот эле. Ооз ачкан эле адам булар үчүн “оппонент” жана тап душманга айланган. Ошолордун бири экенимди толук түшүнүп, айагы жакшылык менен бүтпөсүнө көзүм жетип, көңүлүм кайт болуп бүткөн.

   

Экинчиден, “ой өлтүрдү, сойду-эле сойдулап”, ЖМКларга кайра-кайра чыгып, бакиевчилердин жабык жана тымызын былгытмаларын ашкерeлеп, айыбын чукуп, ошондой эле өзүмдүн ошол учурдагы оор абалымды коомчулука аз-аз болсо да ачыктап турууга шарт-мүмкүнчүлүгүм жетишээрлик эле болчу. Сыр билгизбей тийип качып бийлике оппонент “Учур” гезитинде иштемиш болуп жүргөм. Ал гезиттин дагы айласын алты кетирип бакиевчил “сотбилектер” кыйкылдата муунтуп, каалашынча мыжып, мойундарына миллиондорду илип, эзкилеп жатышкан. Догурунган доо арызына “артың” менен гана күлөсүң. Ойлоруна эмне келсе ошону дароо жазашып, кутурган зөөкүрлөр Кудайга да асыла башташкан. Тиштенип, унчукпадым. Ал гана эмес эң жакын адамдарыма, сыр билги досторума айтпадым. Алардын баарын ашыкча дүрбөтүп, беймаза кылгым келбеди. Анткен себебим менден да жаман кыйналып, бей-күнөө соттолуп, дайынсыз жоголуп, атылып, өрттөлүп, көрбөгөн азапты аштай тартып, кордолгондор “иттин кара капталынан” болуп жатканын ачык көрүп-билип туруп “ак карга” болуп “каркылдай” бериш абийирдүүлүккө жатпасын абдан жакшы түшүнгөм. Түшүнгөм да “иттин жакшысы деле өлүгүн көрсөтпөйт тура, итчелик жокмунбу, кандай болсо да башка түшкөнүн көрөөрмүн” деп чечип, чегараны аттагам. Жашырганда не, кыйналган учурум өтө көп болду, бирок акырындап анын баары өттү-кетти, бардыгы артта калды. Кудайдын көзү түз экен, кара булут агарып, жабык жол ачыла баштады. Убакыт көп нерсени дарылайт тура..

 

Кыргызстандагы кырдаал курчуп, жетээр чегинен аша баштаганда негедир ички туйумум тынчтык бербей калганда “эмне болсо ошо болсун” дедим да айтпай дебей туруп (эл аралык уюм өкүлдөрүн айтам) армандуу маекке “ачуу” макаламды кошуп туруп орустардын “Проза ру” деген сайтына берип салдым. Арадан ай “айланбай” ал макала менен маек эң көп тираж менен чыккан “Эл сөзү” гезитине жарыя болуп кетти. Бирин жапса экинчисин ачып, ажалдан буйтап, опурталдуу кезде коркпой “от менен ойногон” кесиптештерим Рыскелди МОМБЕКОВ менен Жылдыз МУСАБЕКОВАГА ыраазымын. Кандай дешти да билбейм. Тагдыр буйругубу, же жөн гана дал келүүбү, эми айырмасы жок. Маек жарык көрүп, маанайым “жарк” деген күндөн туптуура беш күн өтүп-өтпөй “каңкор” Бакиевдердин “көпкөн көчүктөрү” тактан шыпырылды. Каңкорлор “каңкор” экенин дагы бир жолу даана далилдешип, малай Малапан жотосу менен НКВДшник Салиден калгансыган бийлик менен агүйдү сактап калыш үчүн жанталашып, бейкүнөө элдин канын дайрадай агызышты. Кан кечип келген малайдын урпактары кан кечип качышты. Качпай кара жерге киришсин, кан эч качан койо бербейт, бейажал элдин каны буларды кабаттап туруп урат, буларды гана эмес булардын бутун “жалап”, ийилип көмөктөшүп, изин өпкүлөп жүргөндөрдүн баарын урат, укум-тукумуна чейин урат. Бул бир гана мен эмес мага окшогон ар бир кыргыздын каргышы, “кыргыз” деп күйгөн миллиондордун каргышы. А каргыш кандан, анттан, а тургай арбактан да катуу ураарын “каңкорлор” жана анын жети жүздүү “желдеттери” кантип эле билбей калсын?.


“Куу тумшук” Бакиевдин топтогон баркынын канчалык “ашып-ташканын” көрдүк го? Өзүнө окшош башкарма “Батько” досу баалап”, “алаасын” ачпаганда батынып кире качканга, жашынганга жайы деле жок болчу. Орус басылмалары кыйытып айткандай ошол учурда карыз алган газынын пулун төлөй албай айласы алты кетип жаткан Лукашенко Бакиевди “башка чаап”, жер сууга батпай жүргөн “оор” абалынан пайдаланып кеткени да чындыкка жакындыгы бардай. “Ашыкча каражатым жоктугунан “досторуман” эптеп карызга алып, газкарызды төлөөгө аргасыз болбодумбу” деп бүт дүйнөгө расмий жарыйа айтпадыбы “Белорусбашы”. Канга чыланган “каңкор” кыргыздардан кытып кеткен миллиондогон “арaм долларбайлардын” аркасы менен Батьконун “алаасына” кире качып, элдир-селдир эсин араң жыйып алган соң “мени эл шайлаган, (элден айланып кеткир) расмий түрдө Кыргызстанда мен гана президентмин” деп Батьконун шымынын багелегинен башын кылтыйтып, бакырып койгонун кантейин. Өзүнүн туулган жерине эки күн батпай, башканы кой, жанында жүргөн жакындарынын сүрүнөн дамбалын булгап койо жаздап, өз колу менен эптеп “эжелеп” жазып берип койгон колун, ыктыйардуу “отставкасы” жөнүндөгү арызын унутуп калгансып. Бетсиз адамга айла жок тура. Бети болгондо тээ 2006-жылы эле Текебаев “белге тепкенде” ычкырына муунуп өлүп калмак. Эстүүлүк кылып ошондо эле муунуп калганда ортодон жогору аброй таап, тиги жайга барк-баасы менен узамак. Канчалаган кыргыздын сөөгүн агартып, алкыш-сыйга татымак. Эң башкысы эч күнөөсүз шейит кеткен шордуулардын дээрлик көпчүлүгү арабызда эле аман-эсен жүрмөк. Муунумак тургай “мулуңдап”, кабаттап калп айтып, кайра күчөгөндүн үстүндө болду. Өзүнүн ким экенин таразалап, ойлонуп сүйлөгөндү кой, оозуна келгенди оттоп, тайрактап танцыга түшкөнүн айт, кыйратып салгансып. “Алтымыш жашты аркалап, далай жолду бастым” деп дардаңдаганы менен өзүнүн эки бөйрөгү кайда экенин билбей, сыйпалап атканда Кудай жалгап немистин изкубар догдурлары “издеп”, анысы табылып калып абийиринин жабылганын да мактаныч менен күпүлдөп айтып салганы бар. Акыл-эси болгондо ал жөнүндө ооз ачмак эмес. Ошентип “тарыхты адамдар жазайт” демекчи кылым карыткан кыргыз тарыхына “Бакиев” деген дагы бир капкара “көө” жабышып, ташка тамга баскандай уйуду.


20 жыл. Карт тарыхтын эсебинде бул мөөнөт ачып көздү жумгандай эле ирмем. Бирок кадимкидей өйдө-ылдый өзгөрүүлөрдү алып келиши шарт. Кээ бир өлкөлөр кетенчиктеп, артка тоголонуп, жок болуу жолуна такалса, кай бири болуп көрбөгөндөй өркүндөп-өсүп, дүйнөнү тегиз дүңгүрөткөнү маалым. Алыс барбай эле чектеш жашаган Кытайды алалы. Калкынын саны бойунча ааламды титиретип, эң алдыңкы орунда турган (бир жарым миллиарддан ашты) улуу Кытай акыркы жыйырма жыл ичинде Американы алка жакадан алып, Европанын “энесин” таанытып, экономикалык сайасаты күндөн-күнгө “күрүлдөп” өсүп, ай чапчып бараткан чагы. Анан кантип арданбайсың, берекеси төгүлүп, бейиштин төрү аталган касиеттүү жерибиздин кунарын кетирип, кертип сатышып, “куушуруп”, Кытайдын бир кичинекей шаарчасынын элине жетпесе да кадырман, касиет даарыган улуу элди багалбай, бакмак турсун жугундукор, алдамчы, арам жетекчилерибиз өздөрү тойсо да көздөрү, бала-бакыра, тууган, дос таанышы тойбой, өлө тургансышып экономикабызды эңшерип бүтүштү. Эсептебей эле айтканда өлкөнү отуз жыл артка сүйрөп барып таштап, элдин болгон “быдырын” калталарына” оңду-сол солоп, ары жок “академик” Акаев орустун, бети жок “бандит” Бакиев белорустун көчүгүнө кирип кетишти, албетте олчойгон акча төлөп.


«
Башчысынын башы жок болсо, эли эрменге зар” дегендей жогорудагы окшошкон эки “эргулдун” айынан акыркы жыйырма жыл ичинде сүйүктүү Мекенин таштап, бөтөн эл, бөтөн жерде кордолуп, ар кандай шартта корболуп, кыйналып жашап, эптеп жанбагып жүргөн жүз миңдеген кыргыздардын мышык ыйлай турган тагдырларына ким жооп берет, деги ошолорду аз-аз болсо да ой чабытына алып, ойлоп койгон боорукер жан болобу? Азыркыга чейин алардын так санын билип, эсеп-чот алган адам жок. Бозала болуп жүргөн боордошторубуздун баш-айагы болжолдоп айтканда миллионго чамалап бараары бышык. Басымдуусу күнүмдүк жашоо, кара курсактын айынан “айылынан” алыс кеткен эмгек мигранттары, эң көбү Оруссия менен Казахстанда. Ар кандай ашынган улутчулардын колунан ажал таап, укуктары тебеленип, жашоо үчүн жанталашып, жанын сабап жүргөн бир боорлорубузга бир күйсө кыргыздын кыпкыргыз “кыраан” башчысы күйөт эле, бир “сүйсө” кыргыздын сүттөй ак “сүрдүү” башчысы “сүйөт” эле. Кашайгырдыкы, андайларыбыз бардыр, бирок алдыга сүрөп, алып чыкпай кайра “мүйүзгө чаап”, мүргүп келатабыз. Каныбызга кара дуба, жаныбызга “жармач”, тегибизге тексиздер аралашып алып, арабызды атайын араздаштырып, ичибизди иритип, тышыбызды чиритип жатканын сезип, сестенээр бекенбиз. Кетип-келгендер, чыгып кайра киргендер бардык эле өлкөдө бар, бирок биздикиндей кантип болсун, таптакыр эле “сай-сайлап” кеткен. Эгерде ушундай “агым” токтобой улана берсе дагы бир 20 жылга жетпей Кыргызстанда ким калат? Ээги жерге тийген эмгекке жараксыз чал-кемпирлер менен майыптар калат. Анан албетте, бетинен май тамган мансапкорлор, “сүзүлгөн” сүткорлор калат. А буларга Кыргызстандын бары да бир, жогу да бир. Башы баткан жердин ырын ырдап, байлыгына “чөмүлүп” жата беришет. Кудай ушундан сактасын, бул жол жоголуунун жолу. Ушуга окшогон олуттуу ойлорду ойлогон, элдин эртеңин эстеген, акылы тунук, ыймандуу, баскан жолу таза, арам ишке аралашпагандар келээр бекен? Барып-барып эле “байагы, байагы, байагынын тайагы” болду көрүнөт. Көпчүлүк көңүлү калган кечээки “тааныш танкалар чабуулга” өтүп, “каңкордун” желдеттери бийликтин эң бийик жерлерине “каадалуу” басып келип отурушту. “Үркүп” калган элдин үрөйү учуп, түшүнбөй турат, бу дагы жаман көрүнүш. Баштарын канжыгага байлап, эки “дөөнү” ээрден шыпырып, жардан кулаткан өңчөй “жылаңач баатырлар” өздөрүнүн чабал экенин көрсөтүп, борпоңдук кылып койушту. Ашкере акыйкат болобуз дешип.. . Кесепетин көрдүк, өмүрлөрүн сайып жеткен “жеңиштерин” таландыга салып, теңинен көбүн тарттырып жиберип, ээрге эптеп эле “илинип” калышты. Кээси таптакыр эле жакын жолой албай, ай талаада калды, эмгектери бааланбай.. .


Кимдин-ким экенин калың журт кадимкидей эле билчү, кечээки
«кан соргучтарды» эркелетип, кайрадан кутуртпай, катыгын берип, камачуусун камап, “майлуу тамандарына” мык кагып жибергенде мындай башаламандык азайып, “эски көздөр” ээрине минтип кайра минбейт эле. Таң эми, эртеңибиз кандай болоорун дагы эле бир Кудай билбесе, олуйа болуш да опурталдуу. Болгону Бакиевдердин арыгын алынын жетишинче чаап, колдоруна “жүгүнүп” суу куйгандар бийликтин чоң-кичине бир дагы бутагына жакын жологонго адамдык дагы, моральдык дагы кенедей укуктары жок болчу. Айла жок, анын баары эми булардын ар-биринин абийиринде, аткара турган ишинде. Үйрөнгөн адат калабы!? Мынакей, мазенин баары ушунда. «Чапкан сайын эле көз чыга бербейт» да, балакет басып дагы бирөө «бандитке» айланып кетсе бүттү, ал элди да атпайт, (эл калбай калса кимди атмак эле) өзү да качпайт, тескерисинче бүтүндөй кыргыз качып жоголот. А мен “анын бетин ары кылсындан” башка “элимдин эртеңки тийе турган күнү жарык, асманы ачык болсун” деген ак тилегимди айтуу менен алыста жүрүп ачкан “аңгеме дүкөнүмдү” азырынча жаап турайын. Ылайым сак-саламат болгула, урматтуу мекендештер!.


Асыран АЙДАРАЛИЕВ ,
«Бандит» ажонун айынан Финндердин өлкөсүндө
жашап калган журналист. Финляндия, Келсинки шаары, декабрь, 2010-жыл.

 

Sep 04

Ордо шаарда..


******************************************************************************************************************

Сүрөттө солдон оңго: Жыргалбек АЖИМАТ, Самара НАСЫРОВА, Азизбек Данакер жана Калмамат ТУРДУБАЕВ.

Сүрөттө солдон оңго: Жыргалбек АЖИМАТ, Самара НАСЫРОВА, Азизбек Асабала ДАНАКЕР жана Калмамат ТУРДУБАЕВ, Ош шаары. 03.09.2013-жыл.

 «КӨЧМӨНДӨР» ОРДОЛУУ ОШТО..


Кечээ,
3-сентябрда өлкөбүздүн экинчи борбору аталган Ордолуу Ош шаарында «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жигердүү мүчөлөрүү өздөрүнүн чакан жолугуусун өткөрүштү. Төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган кыргыздардан түзүлгөн “Көчмөндөрдүн” тобунун төрт өкүлү Ош шаарындагы «Жетиген» аттуу керемет кафеде жети саатка чукул бажакташып, бапылдап жыргап отурушканын айтып баарыбыздын делебебизди козгоп, көзүбүздү ченебей кызартышты. “Көчмөндөрдүн” аталган чакан жолугушуусуна Маскөө шаарында жашап жана иштеп жүрүшкөн Самара НАСЫРОВА менен Азизбек Асабала ДАНАКЕР, Өзгөн шаарында жашаган Калмамат Турдубаев агабыз жана Ош шаарында  жашаган таланттуу жигитибиз Жыргалбек АЖИМАТтар келишти.  


эшанСамара НАСЫРОВА:  – Биз Ордолуу Ошто жыргап олтурабыз жакындан таанышып, баарлашып дегендей. Калмамат абабыз, Жыргалбек , Азизбек жана мен болуп. Көчтүн китебин барактап көрдүм, эң сонун экен..

Жыргалбек АЖИМАТ:  – Оoбa, айабай бактылуу болуп, жыргап отурабыз..
Тынчтык БЕК:  – Бара албай калганыма катуу өкүндүм. Менде да кокустук (Кокустук дегенде жакшы эле жышаан башталып) иштер чыгып калды.  

эзамСамара НАСЫРОВА:  – Жолугушуубуз айабай жакшы өттү. Мурдатан тааныш достордой болуп ырдап, чоордоп, бири бирибизди толуктап отурдук. Чыгып алып да бөлүнө албай сүрөттөргө түштүүк. Эртең буйурса Көчкө койобуз. Калмамат авабыз өтө таланттуу, куудул киши экен. Азизбектин сүйлөп бата бергеничи… Жыргал да анегдоттору менен боорду эзди, ыр кесе да уйуштуруп жибердик. Кыскасы эсте калаарлык күн болду…
эжырЖыргалбек АЖИМАТ:  – Мага абдан жакты. Чындап. Соонун болду. Ойумдагыдан да жакшы, түшүнүктүү, мекенчил, билим деңгээлдери, адамгерчилиги бийик инсандар менен отурдум. Эң кичинеси мен болдум. Мага бул жолугушуу чо-оң таасир калтырды. Кеткибиз, ажырагыбыз келбей эле турду эч… Кыя албадык бир-бирибизди…
Айтмакчы, китептерди айтпай калыптырмын. Алдым. Жапжакшынакай эле баары. «Кыргыз Көчүнүн» китебин кармалап, «тартып көрдүм»… Уулкандын китеби, буга чейин чыккан Самара Насырованын «Көктөм» аттуу ырлар жыйнакчасы жана Маскөө шаарында иштеп жүргөн таланттуу мекендештерибиздин калеминен жаралган «Аруу дүйнө» деген чыгармалар топтому, жаңы чыгып жаткан «Аруу дүйнө» аталыштагы гезитинин жаңы сандары. Сопсонун..

эжамилаАзизбек Асабала ДАНАКЕР:  – Менимче 6 – 7 саат олтурдук. Айабай жакшы олтурдук, ырдап, ыр окуп, шакаба, маек, эски тааныштардай кенен баарлаштык. «Жетиген» кафесинде болдук.. Эсте калаарлык..

Ошол туугандар, баары ойдогудай, жакшы болду! Эми жогорудагы айтылгандардан кийин мага кеп деле айтууга..  Алсызмын.. 


Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, 04.09.2013.

Aug 19

Залкарлар..

«Мен артист болуп калганым үчүн бактылуумун жана элиме өзүмдүн кичине эмгегим менен пайда алып келишим мага чоң кубаныч тартуулайт». Бүбүсара БЕЙШЕНАЛИЕВА.

«Мен артист болуп калганым үчүн бактылуумун жана элиме өзүмдүн кичине эмгегим менен пайда алып келишим мага чоң кубаныч тартуулайт».
Бүбүсара БЕЙШЕНАЛИЕВА.

******************************************************************
Б Ү Б Ү С А Р А


Кыргыздын бий периси Бүбүсара Бейшеналиева Маскөө шаарындагы атактуу чоң театрында бийлегенде, орустун Уланова аттуу атагы таш жарган балериналары баш болуп келип, “Бибочкалап” кучакташышып, жанына тегеренип чуркашканын айтып, маашырлангандар далай болгон. Жараткан Бүбүсарага келбеттүү бойду, нур төгүлгөн жүздү, бул дүйнөнүн арман-асылын батыра чачыраган бөлөкчө ботодой көздү, мажүрүм талдай ийилчээк келишимдүү мүчөнү, бийчилик тубаса талантты берген. Төрт тарабы төп жаралган жан чанда болот. Дегеле телегейи тегиз деген оңой менен батынып айта берчү кеп эмес. Атактуу Улановага окшогон балериналардын кыргыз бийчисине имерилгендери да сейрек кездешчү бул төп келгендикти туйуу жана чыныгы талантты сыйлоонун көрүнүшү болсо керек.

 

Бүкөн, татынам, карачы, кандай сонун болуп турасың бул сүрөттө! Кайра-кайра карап сагыныч тарайт. И как бы мне не было тяжело, я все равно благодарю судьбу, что она послала мне любовь и тебя. Самое большое, чем наделила меня жизнь -  это постоянная любовь к тебе. И за это я благодарен ей, жизни. А ты! А ты не очень..  Чынгыз АЙТМАТОВ.

Бүкөн, татынам, карачы, кандай сонун болуп турасың бул сүрөттө! Кайра-кайра карап сагыныч тарайт. И как бы мне не было тяжело, я все равно благодарю судьбу, что она послала мне любовь и тебя. Самое большое, чем наделила меня жизнь – это постоянная любовь к тебе. И за это я благодарен ей, жизни. А ты! А ты не очень..
Чынгыз АЙТМАТОВ.

Сахнанын таалайы үчүн тагдыр өзү жараткан урумдан ашкан улуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Чүй облусунун, Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Бүбүсаранын балет менен таанышуусу эң эле эрте башталып, 1936-жылы Ленинграддагы хореографиялык училишанын кабыл алуучу көчмө комиссиясы, балетмейстер В. А. Варковицкийдин жетекчилигинде Фрунзе шаарына келип, кароо-сынактын негизинде кыргыздын 24 кыз-уулу алыскы илим-маданияттын борборунда окууга кабыл алынган.


Бүбүсарнын тушоо кесүү концерти 1940-жылы өзүнүн тарбиялоочусу жана мугалими Н. А. Камкова койгон «Пиччикато» балетинде эң оор бий элементтерин так аткаргандыгы менен реценттердин көңүлүн өзүнө бура алган.


М. Раухвергер тарабынан коюлган «Чолпон» балети Бүбүсара Бейшеналиеванын чыныгы жылдыз экендигин таксыктаган балет болуп калды. Москва, Ленинград ж. б. ири шаарларда көрсөтүлгөн бул спектакл жана анын мотивинде тартылган «Чолпон» балет-фильми кыргыз театрынын балет жаатында дүйнөлүк таанылууну жана атак даңк алып келген.


эмаКлассикалык балеттер – «Ак куу көлү», «Уйкудагы кыз», «Ромео жана Джульетта», «Лауренсия», «Шопениана», «Дон Кихотто» жооптуу образдарды ачып, Бүбүсара өзүнүн бийи менен эң жогорку чеберчилигин көрсөткөн.
Бүбүсара Бейшеналиева улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй образын жаратып, өзүнүн көп кырдуу артисттик талантынын бардык көркү менен ар тараптан ачууга жетишкен. Ал кыргыз профессионалдык хореография өнөрүнүн башында туруп, анын калптанышына жана азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө өтө зор салым кошкон жана жеке өзүнө тийешелүү аткаруучулук салттарын мураска калтырган.


Атактуу бийчи Бүбүсара 1973-жылы болгону 47 гана жаш курагында узака созулган оорудан кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Учурунда Улуу жазуучу атактуу бийчиге аруулук сезимин ачык билдирип, сүрөтүнө жазган тарыхый кол тамгасы.

 Улуу жазуучунун өз учурунда атактуу бийчиге аруулук сезимин ачык билдирип, сүрөтүнө жазган тарыхый кол тамгасы.

 Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия, Келсинки шаары.

Aug 02

Элек..

*****************************************************************************************************************

эша«Мекенимдин быкшып чыккан түтүнү бал жыттанат!» (А. Грибоедов)

Саналуу эле күндөр калды, саргая күткөн калк «кызара бөртөт» же кыр-кырдап «жортот»… Ал 30-октябрда боло турган такталаш, чоң-кичине дебей баарын чочутуп, жүрөктүн үшүн алып, сестенткен президенттик шайлоо. Себеби, дал ушул шайлоо бийликти биротоло менчиктеп алгысы келип, анын айынан жүздөгөн бей күнөө жарандардын канын төгүп, кырчындай өмүрлөрлөрдү кыйган кечээки үй-бүлөлүк, кылмыштуу, зөөкүр бийликти кайтарып келет же болбосо кыргызга жаркын келечек камсыз кыла турган журт атасын (мекенчил дейбизби, көсөм дейбизби), кыскасы, элди экиге бөлбөй ээрчитип кете ала турган чыныгы «эркечин» тандайт. «Эшегибизге жараша тушагыбыз» болгондон оолактап, «жаңыланууну, жашоонун таза жана демократиялык принциптерине умтулган өнүгүп-өсүү жолун тандап алгай элек» деп, какылдап-какшаганыбыз менен андай «жыргал заманды» жалпы эл, караламан калк тандайт. Демек, ошол эл элегинен кимди өткөрсө, башкаруунун кайсы жолун тандаса, эртең ошол президенттин арыгы менен агууга аргасыз болобуз. Ал эми акыркы жыйырма жыл бою «аккан арыгыбыз» жөнүндө ооз ачкандын өзү опурталдуу экенин мыкты билесиздер.

Элек дегеним, бул буюмду кыргыз күнүмдүк жашоосунда көп колдонот эмеспи. Анын аткара турган жумушун да жакшы билет. Ун-талкан аттуунун баарысы дал ушул электен өтүп, элек анын арасындагы акшагын, топон-таш, көсөө-кебегинен арылтат, тазалайт. Кыскасы элек торунан мап-майда буркураган талкан гана өтөт. Ошол мап-майда талкандан жасалган максым-жарма көбүрүп-жабырып ачыйт, «карт» кекиртип кардыңды тойгузуп, көңүлүңдү да көтөрөт. Муну менен менин эмнени айтаарымды аңдап жаткандырсыз, oшондуктан оюмдун түз маанисине өтөйүн.

«Элек» дегенибиз эле саясатташтырып айтканда шайлоо. Ал эми «шайлоо» деген «шайтан оюн» жалпыбыздын жашообузду, өлкөбүздүн өнүгүү тагдырын, ар бирибиздин жаркын келечегибизди түздөн-түз аныктай турган абдан маанилүү саясый өнөктүк экенин жадыбалдай жаттап деле бүттүк. Жалпак тилге салып айтканда адамча жашагың келсе жок эле дегенде бир күнүңдү, болбой баратса бир-эки саатыңды «садагa» чап да дал ушул күнү караң калган кайдыгерликти жыйыштырып «отко» ыргыт. Өзүңдүн мыйзамдуу укугуңдан пайдаланып жүрөгүңдү тыңша, ошону гана ук, жети өлчөп бир кескин да эң татыктуу деген адамыңа добушуңду сөзсүз бер. Эң башкысы ар кимдин айтканын угуп алданба, бүтүндөй эл менен өлкөнүн кызыкчылыгын кыкка татыбаган кызыкчылыктан жогору койгондон корк. Баарынан мурда балдарың менен небере-чөбөрөлөүңдүн тагдырына кызык. Жек-жаат, таяке-жээн, дос-тууган, өң-тааныш деген «оорудан» оолактай тур, же таптакыр унут. «Түндүк-түштүк» деген түшүнүктү эзели мээ чөйчөгүңүзгө жакын жолото көрбөңүз. Ал арам саясатчылардын ойлоп тапкан «оюну». Кыргызды азап-шорго батырып, адатка айланып бараткан айыкпас оорусунун эң башкы «диагнозу» жана анын бирден-бир себеби ушул. Ошону эстеңиз, ал «оорудан» арылуунун жолун чогуу ойлонолу? Биз дагы эгемен эл-журтпуз, Кудайдын өз энчисинен тартуу катары калган бейиштин төрүндөй өлкөбүздө батыш-чыгыш элиндей бапырап, байгер жана эркин жашаганга эмне, акыбыз жокпу? Албетте бар. Андай мүмкүнчүлүк мынакей, ар бирибиздин алдыбызда, алаканыбызда турат. Болгону биздин темирдей бекем эркибизге жана акактай таза тандообузга жараша.

эша 1Катуу кетип, «чамынгандардын» чаңы суюлуп калган менен калк таразасына түшчүүлөрдүн карааны дале болсо «ылайланып» турат. Оюндан четтегиси келбей оолуккандардын оюна койсо адам башына бирден ажо болчуудай. Жыйырмага жакын талапкердин ичинде «жыргатып» ийчүүлөрү деле саналуу, бирок бычакка сап болчуулары да жок эмес. Айталы, A. Атамбаев, A. Мадумаров, Ө. Суваналиев, K. эша 2Ташиев. Дүбүртү катуураак, эл элегине түшө турган «эң кыйыны» эле ушул төртөө. Башкаларга башыңарды оорутуп, «аным-мунум эле» деп эша 2алдастабай ушу төртөөнүн бирөөнү «төлгө» катары кармап, саресеп салып көргүн да чечкиндүү чечим кабыл ал замандаш! «Баягылар эле» деп башканы кайдан табат элек, ушу төрттүн бир «төрөсүн» танда. Кантип дээрсиз? Баскан жолуна баам салыңыз, элге кылган кызматына кылдат кызыгып көрүңүз, тартиби жана тазалыгы, анан турган турпаты менен жүрүм туруму эң башкы мааниге ээ экенин унутпаңыз. Себеби, «үйрөнгөн адат калбайт, уйга эша 3жүгөн салбайт!» Кечээ эле манчыркап, көзүн май бай басып, эл-журтту каалагандай кагып-силкип, «каакы» эша 3оордуна көрбөй, жалаң «жыргал» жашоосун самап, ошо «Жыргалбегин» «эртең алып келем» деп жүгүрүп жүргөн «эрендер» кантип эле асмандагы айды алып келип, эртең элге тартуу кылып жиберсин. Кулагыңызгдарга күмүш сырга, бул өтө эле коркунучтуу «жомок». Оозу менен орок оруп, «баарын кыйратам» деп башыбызга жаңгакты далай чагышкан, чага беришет. Эл ишенимине ээ болумуш болуп, эшегин акырын кыядан өткөрүп алган эша 4күндүн эртеси ошол элин эзип, кордоп, каалагандай ичип-жеп, төгүп-чачып, аягында жөн кетпей элди канга чылай качкан «канкорлордун» кареги менен кошо айланып, ийилип чуркап жүргөндөрдүн ичтери эша 4оңбогондой «ирип» турат, алардын котур таштары дале болсо койнундарында катылуу. Кокуйлап калбайлы боордоштор! Жарымынан көп орунду ошондой «ойондор» «басып» алышып, жоругу жолдо калган азыркы Жогорку Кеңешти канттик. Kелгин замандаш, «жакшы тилек жарым ырыс» дейт эмеспи, терең ойлонуп, кечээки кемчиликти кайталабай, жакыңкы жаркын келечек үчүн тарыхый тандоо жасап берели. Бул тандоо бүгүнкү муундун эртеңки муунга өткөрүп бере турган эң баалуу «белеги» деп түшүнүп, баардыгыбыз барандуу кадам таштап, улуу бурулушка беттейлик..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, Келсинки. 17.10.2011.

Aug 01

Туубу же чуубу?..

*****************************************************************************************************************

экалы«АТЫҢ ЧЫКПАСА «ЖЕЛЕК» ӨРТТӨ!»

«Жакшы иш үчүн жалгыз акыл аздык кылат!»
Ф. М. ДОСТОЕВСКИЙ.

Кыясы «асылган оору алып тынат» болгону калды болжолумда. Батинкеңердин боосун ооштуруп байлап жаткансыбай оболу бир аз ойлонсоңор болот эле. «Желегиңерди алмаштыргыла» деп желкеңерге тапанча такап атса да эмне болуптур? Эгерде чындап эле «эл» деп күйсөңөр бүгүнкүдөй шарт-кырдаалда тапанча тургай танка менен атса да «жанымды алсаң ал, бирок азырынча андай кадамга баралбайм» дейт болчусуңар. Демек, кызыкчылык башка жакта жатат. Өткөндө да жазгам, кайталап кереги жок эле, бирок бу саам калемимди «мажбурлап» кайра карматкан депутат Карганбек Самаков болду. Элге катуу күйүп-бышып атыптыр. Рахмат анысына. Атлантиканы «аттап» барып Манасыбызды Кытайдан кайра «жулуп» келип, «Айкөл аталап» ураан чакырып жатканы жокко чыгара турган жорук эмес. Жакшы. А бирок аны кадыр-колко кылбашы керек. Эмнеге мандат алып жүрөт анда? Тээ бир топ жыл илгери Нарындагы арак заводу гүүлдөп иштеп турганда эле «асмандагы айды алып берем» дебатып алгач мандаттуу болгон. Кудая шүгүр, ошондон бери кызыл “корочка” колунан, кызыл желек жакасынан түшөлек. Ошол кызыл желектин арты менен «атак-даңк» алып, төбөсү көрүнүп, жер-сууну кыдырып, «олигарх» болуп дегендей..

Анан эмнеге мынча кызыл желекти жек көрүп, кастарын тигип, көшөрүп, көзүнө көгүлтүр желек көрүнүп эле, ал тууну «шылып» түшчүлөрдүн ана башы болуп алганына түшүнө албай койдум. Туура, Манастын атына, арбагына шек келтиргенге эч кимибиздин акыбыз жок, ар-бирибиз анын рух-духуна сыйынып жашоого милдеттүүбүз. Залкар манасчыларыбыз айткандай ал учурда болсо болгондур, көркөм чыгармадагы Айкөл бабабыз көк туу көтөрсө көтөргөндүр. Ал кайсы доорго таандык эле, а биз азыр кайсы кылымдын кымызын ичип атабыз кагылайын Карганбек. Сыргак менен Чубактын жанында кошо чуркап жүргөнсүп жарабаган сөздү сүйлөгөнүңө жол болсун. Сынтагып, кемчилик тапкыбыз келсе агынан да, көгүнөн да, дегеле баардык түстөн тапса боло берет.

экалБул бир жагы. Экинчиден, эмненин урматына ушунчалык катуу кеттиңер, анчалык эсиңер оогуча энтиккенге эмне себеп болду, орчундуу аргументиңер барбы? Эмесе «кан эле кан» деп какшайсыңар, орой жана орусча айтканда «а причем тут желек?» Өч алгыңар эле келип, муштумуңар түйүлүп атса канга забын болгондорду кармап, таап келип, төбөлөрүнөн төөматек алып, жазага тартып, кустурбайсыңарбы? Казынабыз какшып турганда кайдагы жорукту баштап, элдин башын «маң» кылып жатасыңар? «Эч кандай каражат кетпейт» деген жөө жомокту балдардын бакчасына барып айткыла. Анда деле тарбиячыларынын таландысына калаарыңар турган иш. Себеби, дал ошол бакчадан баштап бүтүндөй кичине-чоң окуу жайлардын китептерин, окуу куралдарын, географиялык карталарын, эми гана чуусу тыйылып келаткан жарандык паспорттор, автоунаа номурлары жана башка толуп жаткан майда-чүйдөлөрдү кайрадан баарын басып чыгыш керекпи? Керек. Ага кыргызбайчылык менен коррупцийаң кошулабы? Кошулат. А тыш өлкөлөр жөнүндө азыр оозанбай эле туралык. Ошондо Равшан Жээнбековдун эсебиндеги 250 миллион сомуң да суу кечпей калып жатпайбы. 250 млн. сом эмне, силерге ойунчукпу? 400 айыл өкмөттүн ыйлай-сыктай өз акчасына туу сатып алаары турган иш, ага ишенсе болот, ал эми 120 депутатың менен быкпырдай кайнаган кичине-чоң аткаминерлериңдин өз чөнтөгүнөн өчүргүчкө да тыйын чыкпайт. Баягы эле элдин шору.

этууЭмне үчүн ушул эле туу калыш керек? Айтайын, жагабы, жакпайбы кыргыз эли үчүн эң урунттуу, сейрек келе турган тарыхый, татаал учурга туш келип, ошондо деле силерге окшогон, бирок «легендарлуу» деген абройлуу ат менен элдин эсинде калган парламент кабыл алган. Себеби тоодой. Кыргыз бир доордон экинчи доорго кадам таштап, эзелтен эңсеп келген эгемендиги бир тамчы кан төгүүсүз колго тийип жаткан. Аныбызды бүтүн дүйнө эли тикирейе тиктеп туруп тааныган. Жакшы жышаан келгенде жаңы баш мыйзам, (ушунун талпагын ташка жайганыбыз, алмаштыра берип анын азабын аз тарттыкпы?) герб, гимн, туу, өлкөбүздүн аты менен кошо борборубуздун атын которуп, өз сомубузга ээ болуп, Жараткандан бактылуу жашоого жакшынакай жолдомо алганыбыз жалган беле? Мындай тарыхый окуяны жокко чыгарып, «олуя болом» дегениңерге күмөнүм бар. Ошондо расмий аталган мамлекеттик атрибуттарды алмаштырууга негиз бар беле? Сопсонун бар болчу да өтө мыкты болбосо да өз деңгээли менен кабыл алынган.

Жамандыр-жакшыдыр 20 жыл ашык желбиреп, кан-жаныбызга кадимкидей сиңип калган тууну кантип жулуп саласыңар!.. Эми мунун материалдык жагынан башка моралдык жагычы! Кымындай кыргызды бүт дүйнө болбосо да жарым жартылайы дал ушу желек аркылуу таанып келатканда өзүбүз го мейли, өзгөлөрдөн уялсак кантет? Чыгаан, мекенчил уул-кыздарыбыздын дүйнөлүк олимпиада оюндарында, ар түрдүү эл аралык мелдеш, кароо-сынактарында кызыл желек алдында жеткен жеңишин, анын обологон желбиреги кылгырткан далай көз жаштарды кайда катабыз. Жылан чагып, жылкы теппей эле эртең көгөрүп кетсе «башкалар кандай кабылдайт» деген маселени эмнеге ойлобойсуңар? Мындай соболго «башкалардын кандай иши бар?» дешиңер толук мүмкүн. А андай болсо башканын желегин мактап, ооз көптүрүп, «Флаги мираны» көтөрө чапканга кандай акыңар бар? Дал ошол даражалуу китепке кирген тууну туш тараптан талабай жайына койгула. Артыңарды ойлогула. Көк беттенип атып көгөрткөн желегиңерди көтөрүп алып, абройлуу китепке баргыча, «көгүңөрдү көзүбүз көрбөсүн, ак болуш керек» деп ажылдагандар чыкса айлабыз не болот. Кечээки деген кечээки – тарых, биз тарыхты сыйлай албасак, бизди ким сыйлайт. Бирөөнүн ички маселесине бирөө кийлигишип, көкөлөтө мактап же сындаганга эч кимге укук берген эмес. «Оомат ооп кетти, алардыкы мыкты» деп баурлардын (биздики андан мыкты) желегине көз арткандан көрө, ушул эле туубузду туу тутуп, сылап-сыйпап аздектеп, баалап, сыймыктанганыбыз оң.

Жакем (Жанызак Жанызак) туубузду абдан туура баамдаган, борбор Азиянын «мөөрү» деп. Демек туунун турпатын өзүбүз гана жакшыга жоруп, чечмелеп жактырсак, албетте асманда жанган «от» болот. Эгер асылып, тырмалап, тытып, обужок сындай берсек «таштанды» болуп жок болот. Ал эми атын чыгаргысы келгендер болсо эл-журтка пайдасыз, залакасы тийбей турган (желекти эмес) жерди таап алып «өрттөй» бергилечи байболгурлар..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Эркин журналист, Финляндия. 17-май, 2011-жыл.

Jul 15

Тагдыр..

08 foto 1*****************************************************************************


«К Е Л С И Н К И Г Е»   К Е Т К Е Н   Ж О Л


Тагдырдын тайгүлүк ташына дабаа жок экен. Кайда тоголонуп, кайда жумаланаарыңды билбейсиң, бирок жашооңдо бир жерге тоголонуп барып, «топ» этип түшүп калгандан кийин эсиңе келе баштайт тура, өткөн-кеткениңдин баары көз алдыңда тасмадай чууруп…

Анда Совет доору күжүлдөп турган учур. 70-жылдардын ортосунда мектепте Коом таанууну жана Тарых сабагын окуткан Туратбек деген агайыбыз бар эле. Ички үй тапшырмадан тышкары дүйнөлүк жаңылыктардан дагы окуп келүүбүздү талап кылып, ар кимибизге чет өлкөдөн, борбор шаарларынан бирден моюнубузга «илип» койчу. «Советтик Кыргызстан», «Ленинчил жаш» деген гезиттерди тынымсыз «уйпалап», узун-туурасынан кыркып, жаңылык топтоп эле жатып калмай адатка айланган. Аны көпчүлүгү гезиттен кесе коюп, дептерге чаптап туруп окуп берип коюшат.

Мен болсо эринбей көчүрүп жазып алып, анан окуп берем. Ошон үчүн мени Туратбек агайым мактап-жактап башыман сылап коёт, ага менин мурдумду «балта кеспей» дердейип калам. Гезиттерди ача калып эле издегеним Финляндия менен Хельсинки. Мага туш келгени ушул өлкө менен анын борбору болчу. Гезиттердин четиндеги «колонкаларда» жалаң чет элдик, дүйнөлүк кыскача кабарлар тизилип турчу. Ушул эки атты көргөндө кудум энем эркек төрөгөндөй кубанып кетет элем, эмне дегенде кээде чыкпай, таппай калганда Туратбек агайдын тиштенип, ызырынганы көзгө элестей түшчү. Кыялы чатак эле да.

Андан тышкары эки классташ кошуна кыздарды да «шефке» алам, бирине Токиону, бирине Ослону таап колдоруна карматам. Ал кылган «жакшылыгымды» классташтарым Салкын менен Алымбүбү эстеринен эмдигиче чыгарышпаса деле керек. Ошол, ошону менен онунчу классты бүттүк. Ал тапшырмалар, «Финляндия», «Хельсинки» деген аттар таптакыр эстен чыгып мекткепте эле калган. Унутулган.

Мынакей кызык, туптуура 33 жылдан кийин, 2009-жылдын күзүндө Алматы шаарындагы БУУнун (ООН) эл аралык бозгундар бөлүмүнөн «сизди Финляндия өлкөсү өздөрүнө кабыл алууга макулдук беришти, даярдана бериңиз» деген кабары ойдо жок жерден Финляндияны экинчи ирет эске салды. Бир күндөн кийин мектептеги баягы тапшырма менен Туратбек агайым эсиме түшүп, катуу таңгалган жайым бар. «Келсинкиге» кетчү жолдомону Туратбек агайым тээ 1976-жылы мектептен эле колума карматып койгон турбайбы дегем.

Баардык шарты менен орто деңгээлде салынган финдердин орто кабат үйлөрү. Эспоо шаары.

Баардык шарты менен орто деңгээлде салынган финдердин 4-5 кабат үйлөрү. Эспоо шаары.ТУЗ НАСИП.

 Т У З   Н А С И П.

Финляндия дегенде биринчи эле билгенибиз ошол кездеги айылдардагы жыгач үйлөр, ачыктап айтканда «финский домдор» эске түшөт. Андай үйлөр көп боло турган эле, колхоздун ар бир кашарында бирден «финский дом» турчу. Союз тараары менен аларды да тыптыйпыл талкалап жок кылышты. Жыгач-таш тартыш болуп, көздөн учуп турганда ал үйлөрдүн кимге кереги бар? Экинчиси «финский сауна». Аны кийин шаарга келгенде уктум, анда-санда барып буусуна тердеп, чумкуп да койчумун.

Тагдырдын тамашасын карагыла, мына бүгүн, азыр мен ошол финдердин өлкөсүндө «финский домунун» орточо типте салынган үйүндө жашайм. Муну мен туз насип, буйрук деп түшүнөм. Эмесе «ушул өлкөгө келип жашап калам» деген ой эзели түшүмө да кирмек эмес, «топ» этип түшүп калсаң тагдырга айла жок экен. 33 жыл мурун гезиттен эмнелерди окуп, айтып-дегеним эсимде жок албетте, бирок азыр, бүгүн Финляндия жөнүндө айта турган сөзүм оголе көп. Себеби бул өлкө өнүккөн, өскөн, жетишкен, байманасы ашып-ташыган, Европа айдыңындагы өлкөлөрдүн эң алдыңкы сабында турган бирден-бир эркин жана бай мамлекет.

Үйрөнүп, үлгү ала турган жактары четтен табылат, ченемсиз, көп. Биздикиндей, өнүгө албай, өнтөлөп, кыйналып жаткан өлкөгө баары керектей, баарын туурап жасасак, уялбай эле ушуларды ээрчисек болчудай экен. Анткени, аракет кылып, умтулуп, жанталашып иштеп, мыйзамды мыктылап жазып, жазылганын иштетип, сыйлап, темирдей тартип орнотуп койсо эле байлыгы деле, айлыгы деле, өнүгүүсү деле өзү эле жүзүн бурчудай, чуркап келчүдөй экен. Улуп-жулбай эле, элдин эсебинен ичип-жебей эле жетиштүү жашашат экен, капырай..
Чоролору деле, орто-майдалары деле. Баардыгы тегиз, теңчилик. Басып баратып эле байкайсың, бай жашагандарды. Бирок алардын бай экенин өзүнөн башка эч ким деле билбейт, билгиси да келбейт, кызыкпайт. Бакырып-өкүрүп атпаса, аким, депутат, президент болом деп атпаса, тоого бир, ойго бир «хансарай» салып, жалаң «жолтандабас» минип, жоруктары жолдо калып атпаса, кимдин иши, чатагы бар бири-бири менен. Муну мен жетишкен коомдогу жөпжөнөкөй, менменсинип-теңсинбеген, чычайып, тыңсынбаган, өпкө кагып, өйдөсүнбөгөн, кадимкидей эле кайнаган карапайым жай турмуштары жөнүндө айттым.

Акыл үйрөткөндөн алысмын, андай оюм деле жок, бирок «көрүп- билип жатканымдан бөлүшөйүн, аздыр-көптүр айтып берейин, бири болбосо биринин пайдасы тийип, керекке жарап калабы» деген максат, үмүтүм күч. Булар деле кадимкидей бизге, кыргыздарга окшогон эле эл экен, эки колдуу, эки буттуу, баштары деле биздикине окшош, тоголок. «Келгиндердикиндей» баштары башкача, сүйрү болсо бир жөн эле, ошон үчүн булардын «иштерин ийгилик даарып, иттери чөп жеп жатат» дегидей.

Кээде айтып калышканын көп угуп жүрөм, «финдер менен кыргыздардын түп-тамыры биригип кетет, тууган» экен дешкенин. Эч кандай финдер менен кыргыздарын жакындыгы, тамыры, туугандыгы жок. Бир аз окшошуп кеткен мындай жагдайы бар экен: Элинин саны 5, 401 миллион, жеринин аймагы 338, 424 миң кв метр. Кыргызстандыкы: элинин саны 5, 543 миллион, аймагы 199,9 миң кв метр. Уйкаш эки сөздөрү бар, «Менин» дегенди «Минун», «Сенин» дегенди «Синун» деп койушат. Анан буларда да биздикиндей «ө», «ң», «ү» тамгалары бар. Болду.

 

Хельсинки шаарындагы Улуттук китепкананын ишки көрүнүшү.

Келсинки шаарындагы Улуттук китепкананын ички көрүнүшү.

Финдерди сыйкырчыбы дейин десем сыйкырчы деле эмес экен. Бирок жомоктогудай, сыйкырдуу дүйнөдө жашашат. Телегейи тегиз, бизде айтышат го, ар бир кыргыз кыялданып, «кой үстүндө торгой жумурткалаган заман» дешип, сөз жүзүндө гана тамшанып, а булардыкы баардыгы тең иш жүзүндө. Биринчиси, жакшы жашаш үчүн жакшы ойлонуп, аң сезимди оңдоп, ар бир адам өз милдетин так аткара билип, аруулук, тазалык, жоопкерчилик болушу кажет экен. Булар ушул сапатка ээ болуп алышкан.

Элдин жашоосу эмнеге начарлай баштайт. Иштебесе, үйүндө жарыгы, көмүрү, газы, жадагалса ичкенге суусу жок болсо, эртеңки, дегеле жакынкы келечегине көзү жетпесе, үмүтсүз кандай жашоо болот. Адам дегениң мындай учурда ууруга барат, же бирөөнү карактайт, тонойт. Жашоо жанына батып турган немеге баары бир, карактай турган адамы каршылык көргөзсө изин жашыруу максатында же жарадар кылат же өлтүрөт. Жыргабайт, ошол замат таза коомдон бөлүнүп түрмөгө жөнөйт. Өнүгүп-өсалбай, өпкөсү кагынып турган өлкөлөрдүн өнөкөт оорусу, табалбай, андан арылалбай жаткан «диагнозунун» бирден-бир себеби ушул деп койсок болот.

ТЕЗЕК ТЕРБЕЙ ЭЛЕ ТЕЛЕГЕЙЛЕРИ ТЕПТЕГИЗ.


«Финский дом» демекчи, эң ыңгайлуу, жыпжылуу, 90 пайыз жыгачтан салынган үйлөр. Биздеги үйлөргө кеткен чыгымдарга салыштырмалуу дээрлик арзан. Дубалы деле анча калың эмес, бирок жылуулугу мыкты.

А биздечи, дубалдарынын калыңдыгы жарым метрге жакын, кирпичтен салынган үйлөрдү жылыталбай ушул күнгө чейин убара болуп отурушат го? Кайсыл мезгил болбосун, күндүзү да, түнү да жылуулук менен жарык өчөт деген түшүнүк жок. Болгондо да бүтүндөй тирилик, кыймыл аракет, күнү-түнү дебей жалаң электр энергиясынын күчү менен жүргүзүлөт. Жылуулук берген батареялар атайын автоматтатшырылган, сууктун болушуна жараша иштейт. Дал ушундай үйлөрдү биздин жерге, элибизге куруп беришсе гана деп коём ичимден тамшанып. Абдан ыңгайлуу, кыйла арзан дагы болмок, атаганат!

Электр энергияны чектеш Орусиядан алышат. Негизинен коңшулаш Санкт-Петербургдагы АЭС камсыздайт экен. Түнкүсүн жарык күйбөгөн аймак жок. Токой ичиндеги жолдордон бери жапжарык. Жайкысын «буурул түн» маалында деле жаркырап күйүп турат, анткени түнкү убакыт деп эсептелинет. Көмүр казышпайт, газдары деле, ГЭС тери деле жок. Көзгө басаар, алтынга тете байлыгы токой, керемет жаратылышы, болгону ушул. Башканын баарын бөлөк өлкөлөрдөн кызылдай эле акчага сатып алышат.

«NOKIA» Компаниясынын баш кеңсеси. Нокиа шаары.

«NOKIA» Компаниясынын баш кеңсеси. Нокиа шаары.

Финдердин жыгач материалдарды кайра иштетүүчү UPM-KYMMENE и STORA ENSO компаниясы дүйнөгө атагы чыккан эң ири ишканалардын бири. Бүгүнкү күндө күпүлдөп иштеп жаткан таанымал ишканалардын басымдуу көпчүлүгү өздөрүндөгү эле байлыгы болуп эсептелген жыгачтарды кайра иштетүү менен алектенип жүрүшүп буттарына туруп алышкан. Ал эми «Финн экономикасынын сыймыгы» аталган NOKIA компаниясы 1865-жылы целлюлозду иштетүүчү чакан завод менен ишмердүүлүгүн баштаган. Азыркы учурда компания чыгарган продукция дүйнө жүзүндөгү 160 мамлекетке кетет. Бүгүн бул ири ишкана 123 миңден ашык адамды иш менен камсыз кылып жатат.

Ар жыл сайын Орусиядан алынган мунайзаттарынын бир жылдык көлөмү, жалпы баасы 900 миллион евронун тегерегин чапчыйт. Орусиядан бөлөк мунайзат азыктарын бул өлкөгө Норвегия 30 пайыз, Великобритания 15 пайызга жакынын камсыз кылып турушат. Жаратылыш газы деле дал ушундай жол менен келет. Ортодогу аласа-бересени көпчүлүк учурда бартердик негизде жүргүзүшөт.

Жумушсуздук буларда да бар, бирок аз. Аларды мамлекет «эмне болсоң ошо бол» деп талаага таштап салбайт. Ай бою жашоосуна жеткидей каражатты берет. Ал ошону айдын аягына чейин «кемирет», кайда барат эле, курсагы ток, ичип жеп жатса. Уурулук кылбайт, карактап-тоноп жиберейин дегенди билбейт. Акчасы түгөнүп, эки жакты элеңдей баштаганда эле эсебине кайра акча түшүп калат. Бутуна туруп, баарын ирээтке келтирип алган өлкө мындан жарды болуп деле кетпейт. Тескерисинче пайдалуу жактары көбүрөөк болот экен. Кылмыштуулук, ууру-кескилердин саны кабаттап өсүп турса, түрмөгө адам батпай турса, ошол жумушсуздарга берилген каражаттан канча көп эсе көп каражат сарпталат.

Коомдогу терс көрүнүштөрдүн деңгээли асмандап, саны ай чапчып турса кайдагы өсүш, кайдагы жылыш. Ичкендери деле бар, (бул нерсе бүт дүйнлүк «эпидемия» экени талашсыз эмеспи) ичишет, бирок үйлөрүнөн чыкпайт. Көчөлөрдө, коомдук жайларда мас болуп, тамтаңдагандар жокко эсе. Кафе, ресторандарда ашыкча ичип алып «тентек» кылгандарды дароо каттоого алып коюшат жана экинчи ал чөлкөмгө келүүсүнө тыюу салышат. Эгер ага баш ийбей кайра келсе катуу жаза алып калышы толук мүмкүн.

Тереңдиги эки метр келген таштанды «контейнерлер».

Тереңдиги эки метр келген таштанды салган «контейнерлер».

ЭМНЕСИ ТАТААЛ?.

Кай жерде болбосун таштанды маселеси өтө көйгөйлүү жумуш. Чоң шаарларда көйгөй андан да чоң. Бирок аны деле мелтиретип, иритип-чиритпей, ирээтке сопсонун келтирип койсо болот экен. Үйүлүп-жыйылып, чачылып жаткан учурлар дегеле болбойт. Чакан шаарлар менен айылдарда таштанды үчүн атайын «домиктер» турат. Ага ар бир адам таштандысын ирээттеп, сорттоп салат. Кагазын кагаз салчуга, тамагыныкы өзүнчө, темир-тезек, жыгач-таш өзүнчө, бөлөк. Туш келди, кааласа сыртына ыргытып жиберишпейт. Шаарлардагы «контейнерлерин» жерге үч метр тереңдикке казып орнотуп, ичине атайын мешокторду кийгизип коюшкан. Атайын кызмат аны ар үч күндөн калтырбай келип зымылдатып тазалап кетет. Чачылган таштанды эмес, тиш чукугучтун бир талын көрбөйсүң.

Жүргүнчүлөрдү ташый турган унаа каттамдары кайсы гана жерде болбосун, шаар ичиндегилер, шаар аралык, автобус, трамвай, электричкалар ж. б. бүтүндөй техника кадимки сааттай, минут, секундуна чейин тактык менен иштейт. Ортосундагы аралык 10-12 мүнөт болгону. Баардык каттамдар бир дагы адам түшпөсө деле кадимкидей каттап, иштейт, жүрө берет.
Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү ушундай жолго коюлган, эгер сатыла турган унааңдын бир эле тетигинде болоор-болбос мандеми болсо ал кароодон эч качан, эч жерден өтпөйт. Демек унааңды сата албайсың, аны эч ким албайт. Ошол кемчилигин ордуна койсоң дароо мөөр басылат. Кароодон өтүп жатканда дөңгөлөктүн желиминдеги быдырына чейин текшерет. Баланча стандартка жооп бербесе да болбойт, алмаштыруу керек.

Бул өлкөдө эскиби, жаңыбы бир дагы автоунаа калдырап-шалдырап, же бузулуп жолдо калат деген кооптонуу дээрлик жокко эсе. Жыл сайын болгон унаа аттуунун баары кадимкидей техникалык кароодон өтөт. Бардык жерде анүчүн төлөнгөн каражат бир гана мамлекеттин чөнтөгүнө түшөт. Дөңгөлөктөрдү ооштуруу 1-октябрдан баштап кышкысы салынат. Ооштурбасаң бул дагы өтө чоң тартип бузганга жатат. Курду автоунаага отурган ар бир жүргүнчү милдеттүү түрдө тагынышы керек. Ал эми бири-бирине унааларды берүүдө эч кандай ишеним кат (доверенность) деген болбойт, берилбейт. Ал бир барак кагаздан адамгерчилик, абийир жана жөн гана ишеним алда канча жогору турат…

 

Шаар аралык темир жол каттамдар. Келсинки-Эспоо.

Шаар аралык темир жол каттамдар. Келсинки-Эспоо.

ЖАРАТЫЛЫШ, ЖАНЫБАР, КООЗДУК.

Жолдоруна сөз жок, керемет, мелтирейт жөн эле. Алыс жолго чыгып калсаң көшүлүп уйкуң гана келет, түздүгүнөн. Бир дагы жеринде жолдор бири-бири менен эч качан кесилишпейт. Айлампа (кольцо) жана жалаң асма көпүрөлөр. Темир жолдору андан бетер. Бүт өлкөдөгү түрдүү каттамдар биринен сала бири шака-шак, шака-шак. Айыл чарба унаалары үчүн жолду жээктетип өзүнчө салып коюшкан.

Финляндияны дээрлик бүт токой каптап тургандыктан жол тилкелери жалаңтокойдун ортосунда. Бүтүндөй токойлордун чети тор сеткалар менен түптүз болуп тосулган. Бул табиятка, жаратылышка жана жапайы жаныбарларга болгон камкордук.

 

Мелтиреген авто жолдор. Эспоо-Вантаа.

Мелтиреген авто жолдор. Эспоо-Вантаа.

Көпчүлүк жерде атайын багыштын сүрөтү тартылган жол белгилери турат. Ылдамдыгы жогору жолдогу эң коркунучтуу жаныбар ушул багыштар. Токойдон атып чыгып, жолду кесе чуркаган багыштар жол кырсыка чоң себепкер болуучулардын бири. Жапайы канаттуулар кыргоол, өрдөк каздар, коёндор үйлөрдү аралап, кадимкидей эле жүрө беришет. Ага көңүл буруп, артынан аңдып, кубалап, аткылап ийген адамды көрүш кыйын. Эпадам кимдир бирөө ушундай кадамдарга барууну көздөп, аларга кол салса аны көзү чалган эле фин ошол замат полициялык бөлүмгө билдирип коёт. Ан үчүн тиешелүү айып төлөп, «экинчи ирет кайталанбайт» деген тил кат жазып берип кутулат.

Мергенчиликти, аңчылыкты мөөнөтүнө жараша чектелген аймактарда гана жүргүзүүгө болот, расмий уруксат аркылуу гана. Балык уулоо үчүн уруксат кагазды (лицензия) бир сезондукун каалаган күркөдөн 15-20 еврого сатып алууга болот. Токой-чердин жыштыгына эле шерденип, ыраазы болуп отурушпайт, уруксатсыз бир дагы бутакты сындырышпайт. Тескерисинче, качан болсо да көчөт отургузуу финдер үчүн өнөкөткө айланган. Ачык жер калтырбаганга аракети зор. Бош, пайдасыз жаткан жерлерди табуу кыйын. Токойлордун арасындагы ачык тилкелер дээрлик бүт бойдон айдалып-себилет.

Алардын баары ушунчалык ирээттүү, тыкан иштетилгендиктен айыл чарбасына тиешелүү эмес эле атайын жасалгаланган футболдун таалааларына окшошуп кетет. Мындан тышкары Финляндия өлкөсүндө 188 миңден ашык майда жана чоң көлдөр бар. Арасында көптөгөн жасалма көлдөрдү да көрүүгө болот. Бул көлдөр жалпы аймагынын дээрлик он пайызын түзөт.

 

Айыл чарба плантациялары.

Айыл чарба плантациялары.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ.

Бул өлкөнү жер шарынын түндүгүндөгү бирден бир өнүккөн агрардык өлкө деп койсок болот. Айыл чарба жумуштары жалпы аймагынын сегиз пайыздан ашыгыраагын түзөт. Айдоочу жерлери 2,4 млн. гектарды ээлейт. Мал чарбасы менен жерлерди иштетүү акыркы үлгүдөгү техникалар менен эң жогорку деңгээлде механизациалаштырылган. Сүт өндүрүүчү фермаларындагы абал: мисалы, 250 саан уй кармалган фермада болгону эки адам алмашып иштейт. 70-80 пайыз жумуш автоматташтырылган.

Жылына айыл чарба жумуштарында иштегени 15 миңден ашуун чет элдиктер келип кетишет. Негизинен алар кулпунай, кожогат, козу карын жана башка мөмө-жемиштерин жыйноого салымдарын кошушат экен. Кой этин өндүрүү акыркы эки жылда 20 пайызга өскөнүн айтышты. Былтыр бир миллион тонна кой эти төгүлгөн. Бирок ушу кой этинин жакшыраагын табуу кыйыныраак. Эт комбинатынан дүкөндөргө түшкөн эттери аман эле болсун. Уйдукун да, койдукун да майын шыпырып алып чылгый кара кесегин үйүп коюшат. Же даамы болсочу. Халестерини көп, семирип кетишет имиш.

Бирок көпчүлүгү семиздер, алар кайдан, эмнеге экенин биле албадым. Майлуу эт жеп көнгөн жаным бир кой сатып алалбай куурадым. Сатышпайт, саткандан коркушат экен. Эмне дегенде ар кандай жугуштуу оорулар же этинен кемчилик чыкса түз эле саткан адам жооп берип калат экен. Ошондуктан баардыгы эт комбинаты аркылуу гана дешет. Эт кымбат. Кой этинин бир килосу 8-10 евродон өйдө. Уйдуку деле ушундай. 30 еврого чейин жетет.

 

Фин өлкөсүнүн Парламенти. Эдускунта.

Финдердин Парламент имараты. Эдускунта.

БИР ШИҢГИЛ САЙАСАТ.

Саясат демекчи, анын бар-жогу деле байкалбайт. Себеп дегенде ар кандай шайлоо өнөктүктөрдүн өтүп-өткөнү анча деле абырап-дабырап, ызы-чууга айланбайт. Албетте жогорку мамлекеттик кызматтар арасында, саясый партиялар ортосунда, атаандаштык, ич ара тирешүүлөр тымызын жүрбөй койбойт деңизчи, бирок биздин шайлоолор өңдүү өлкөнү үч көтөрүп, элди экиге, ал эмес жетиге бөлүп, чаңын сапырып жиберет деген түшүнүк жок.

Эң жогорку бийлик бутагы болгон Президенттик, Парламенттик (Эдускунта) шайлоолордун жүрүшүн, өтүшүн анчалык деле шаан-шөкөткө айлантышпайт, бирок шайлоочулардын катышуусу, активдүүлүк жогору. Эң башкысы, уруу-уруу, тааныш-билиш, туугандык, түндүк-түштүк деген «оорулардын» жыты да сезилбейт. «Сиз кимди колдойсуз, кимиси күчтүү» деген суроого жооп алуу мүмкүн эмес. Себеби, ар бир шайлоочу өз жүрөгү тандаган адамга өз укугун пайдаланып добушун берип коюп баса берет.

Өлкөдөгү эң жогорку мыйзам чыгаруу бийлиги Президентке жана Эдускунтага – өлкөнүн Парламентине түздөн-түз баш ийет, а аткаруу бийлиги Президенттин жана Мамлекеттик Кеңештин карамагында. Баш мыйзам боюнча Президентти бүткүл элдик шайлоо жолу менен эки мөөнөттөн ашык эмес алты жылга шайлашат. Эдускунта – өлкөнүн бир палаталуу парламенти. 200 депутаттан турган эл өкүлдөрү жалпы элдик добуш менен төрт жылдык мөөнөткө шайланышат.


Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, публицист.

Финляндия, Келсинки шаары, 2012-жыл.

Jun 24

Жаңы жомок..

******************************************************************************************************************

Жоголуп кайра табылган айтылуу шакек.

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛУП, АЙЛАНЫП ЖҮРҮП КАЙРА ЭЭСИН ТАПКАН «АЛТЫН» ШАКЕК.

(Болгон окуйа)

Мындан бир канча жыл мурун илгерирээк Европа чордонунда жайгашкан өлкөнүн бириндеги ары абройлуу, ары дүйнөгө таанымал, эл аралык маалымат кызматтарын аткарган аттуу-баштуу эле мекемеде  иштеген эки башка өлкөдөн келген эки башка улуттун өкүлү бири-бирине болгон жакын мамилесинин, жан дүйнөлөрүнүн астейдил жактыруусунун негизинде келип чыккан жылуулуктанбы, айтор ошол жылуу мамилелери бирге түтүн булатууга, үй-бүлө куруп жашоого, эриш-аркак кол кармашууга шарт түзүп, баш кошуп бирге жашап калышат. Бири алыскы атагы таш жарган Америка жараны болсо, бири Борбор Азиядагы эркиндикке тынымсыз умтулган элдин, чакан өлкөнүн жараны экенине карабай издешпей табышып алышып, эл катары эле жупуну жашоо кечирип баштайт. Жубайлар өздөрүнүн бактылуу көз ирмемдеринин башталышын, «бал айынын» таттуу күндөрүн айтылуу Жер Ортолук деңизинин ажайып жээгине барып өткөрүүнү, жөн гана көпчүлүк катары эс алып келүүнү эп көрүшөт да, мындай чечимдерин дароо кабыл алышат да зуу койуп учуп кетишет. Кандай гана керемет көрүнүш: Ак чардактар, ачык асман, аптап бетине төгүлгөн ажайып чалкыган көпкөк деңиз, мээ кайнаткан күндүн ысыгы менен таман «күйкалаган» кумдун үстүндө мелжиген мунарыка суктана тиктей көз чаптырып, күнгө кактанып жатканга не жетсин, чиркин. Ошол жыргалды ыракаттана сезип, туйуп, кум үстүндө аркы-терки, оң-тетир күн табына кактанган айал менен эркеги, бала-чакасы менен кары-жашы аралаша башаламан оонаган чала жылаңач денелүү миңдеген эс алуучулар. Балыктай сууга чумкуп кирип, суудан «суурулуп» чыгып, кайра-кайра күнгө кактанып жаткан биздин каарманыбыз, ачыктап айтканда америкен жигитибиз капыстан эле манжасындагы «маанилүү» шакегин жоготуп, сыйпалап таппай калат. Эч эсинде жок, качан, кайда түшүп калганы. Же сууга түшүп калганы же кургактагы кумдун эле арасына түшүп калганы белгисиз. Көтөрүнкү көңүлдөрү чөгүп, маанайлары аздап бузула түшкөн жубайлар деңиз жээгин өйдө-төмөн бойлой басып, шакекти издеп бир далайга убара болушат, бирок эч натыйжа чыкпайт. «Балким сууга түшүп калгандыр» деген ойго да жетеленишет, бирок анткен менен ал  учу-кыйырына көз жетпей чалкыган деңизден кай жагынан издешмек эле? Оймоктой болгон шакекти ошондой түпсүз тереңдиктен таба калыштын өзү акылга сыйбаган оокат эмеспи, эмнеси болсо да дайын-дарексиз жоголду, дегеле үмүттөнүүнүн өзү мүмкүн эмес экенине түшүнгөн жубайлар акыры шакектен түңүлүшөт да, «мейли эми, башы-көзүбүздөн садага, андан көрө амандыгыбызды тилейли» деген тейде кол шилтеп, унутуп койууга аргасыз болушат да аз күндөн кийин келген өлкөсүнө кайтып учуп кете беришет.

Арадан айлар өтүп, жоголгон шакек таптакыр эстен чыгып, унутулуп калган учурда ал жигиттин түпкү кичи мекени аталган алыскы Американын Колорадо штатындагы өзү окуп бүтүргөн Университетинен ойдо жок жерден эле чындыкка эч окшобогон табышмактуу кат келип калат. Эмне болгон кат экенине анча маани деле бербеген жубайлар катты шашпай ачып окугандан кийин ооздору ачылып, эстери эки болуп, эс-мас болуп отуруп калышат. Ишенип-ишенбей дал болуп, бири-бирин жылмайа тиктеп, бир далайга отурушат да, кат ичинде белгиленип жазылган атайын дареке шаша-буша жооп кат жазып киришет. Ал кат Скандинавия өлкөлөрүнүн катарына кирген Финляндия республикасынын борбору Келсинки шаарына жолдонуп жазылат. Тагыраак айтканда азыркы мен жашап жаткан өлкөнүн жараны, кадимки финдердин чакан үй-бүлөсүнө чын көңүлдөн чыккан терең ыраазычылыгын билдиришип, өздөрүнүн жеке даректерин кошуп, толук жазып берип, мүмкүн болсо пошто аркылуу аталган буйумду салып жиберүүлөрүн өтүнүшөт. Көп убакыт өтпөй эле көптөн күткөн, кадимки табышмактуу жана  таңгалыштуу «буйуму» алыскы финдердин өлкөсүнөн келип калат. Бир чети таңгалып, бир чети сүйүнүчтөрүндө чек жок жубайлар сыйкырдуу, жомоко окшоп кеткен окуйага ишенип-ишенбей, бирок адам жашоосунда, турмушта тири шумдуктар боло берээрине чындап макул болушуп, өздөрү баштарынан өткөрүп, өз көздөрү менен көрүп жаткан окуйага абдан бекем ынанышат. Кандай болгон күндө да сейрек кездеше турган мындай окуйага түздөн-түз тийешеси бар, ортодо он миңдеген чакырым аралыктарга карабай, бири-бирин эзели тааныбаган, көрбөгөн башка өлкө жарандарынын мынчалык кайрымдуулугуна, боорукерлигине чек жок экенине миң мертебе ыраазы болгон жубайлар алар үчүн атайын белек дайардашып, аттарын атап туруп ыраазычылык ирээтинде жөнөтүп жиберишет. Ооба, мындай нерсе адамдардын арасындагы сейрек, бирок кездеше турган эң мыкты сапат экени талашсыз. Буга да шүгүр.

Американын түндүк тарабына жайгашкан тоолуу Колорадо деген штаты бар. Бул штат эмнегедир мага айабай жакын жана жагымдуу болуп бара жатат акыркы жылдары. Себеби, 2002-жылы улуу кызым мектепти бүтөөрү менен тагдырдын тамашасы дейбизби, же буйрук дейбизби, иши кылып дал ушул штатка окуганы учуп кетти. Айта келсем ал дагы бир өзүнчө узун тарых, жагымдуу, жакшынакай, эстей жүрө турган өтө маанилүү окуйа. Ал кызым дагы ошол штатта туура сегиз жыл жашап, атайын коллежди, андан кийин Больдер мамлекеттик университетинин сайасат таануу факультетин ийгиликтүү айактап келди. Кыскачасы ушул. Бул биринчиси деп койойун.

Эми кайра шакегин жоготкон жубайларга келейин. Ал жигит дагы дал ошол штатта төрөлүп чоңойгон жараны экен. Учурда эне-атасы, туугандары ал жакта эле жашашат. Өзү болсо ошол Колорадодогу Денвер мамлекеттик университетин бүтүрөт. Ал окуу жайдын «традициясына» айланган дагы бир орчундуу белгиси катары ар жыл сайын окуу жайы өз бүтүрүүчүлөрүнө диплом менен кошо бооруна окуу жайдын аты-жөнү, дареги толук чегилип түшүрүлгөн атайын өздүк шакектер тапшырылып турат экен. Диплом менен кошо колуна тийген шакек ошол эле саатта каарманыбыздын ортончу манжасынан орун алып, чыккыс болуп кийилет. Турмуш дөңгөлөгү ал жигитти да ары-бери түрткүлөп отуруп акыры Европа чордонундагы жогоруда айтылган өлкөгө, маалымдоо мекемесине айдап келип, туруктуу жаран катары жашап, иштеп калат. Бул экинчиси болсун.

Кечээ жакында эле дагы бир бейтааныш америкалык жигит менен «Фейсбук» аркылуу таанышып калдым. Өзүм жетектеген топко кабыл алып, анын кыргызча так сүйлөгөнүнө абдан катуу кызыга баштадым жана жакындан таанышууга өттүм. Мына сага дал келүү. Бул жигит да толгон штаттын арасынан дал ошол Колорадо штатында төрөлүп чоңойгон жигит болуп чыкты. Эки эсе таңгалыштуусу ал биздин, кадимки эле кыргыздын күйөө баласы экен. Ысык-Көлдүк карындашым Гүлжан Кудабайдын өмүрлүк жолдошу болуп чыга келди. Эзилишип эле жатып калдык. Аз өтпөй Девид күйөө балабыздан кызыктуу, көлөмдүү, көптөгөн окуйаларды камтыган өтө зор, маани-маңыздуу маек алганга жетиштим. Бул дагы бир дал келип калган окуйанын үчүнчүсү деп койойун.

Жер Ортолук деңизи.

Айланып отуруп эми кайра эле жоголгон шакектин тагдырына келели. Ошол Жер ортолук деңизгеби, же жээгинеби түшүп калып жоголгон айтылуу шакекти эбепке-себеп болуп дегендей эки жубай кеткенден кийин ал деңиздин жээгине эс алганы Финляндиянын борбору Келсинки шаарынан келишкен үй-бүлөнүн 7-8 жаштардагы баласы деңизге «водолаз» кийип алып чумкуп, кирип-чыгып сүзүп жүрүп кокустан суу түбүндө жылтырап жаткан шакекти таап алат. Аны ал бала ошол замат эле алып келип ата-энесине көргөзөт. Ата-энеси ал шакекти кылдат карап, окуп көрүшөт да, эмне болгон, кайдан келген шакек экенине дароо түшүнүшөт да баштыктарына салып катып койушат. Андан соң алардын  да эс алуу мөөнөтү айактап өз жергесине, Финляндияга кайтып келишет. Келгенден кийин алар Колорадодогу аталган Университетке болгон окуйаны болгондой кылып байандап, шакектин чоо-жайын түшүндүргөн кат жазышат.  Катты алышкан окуу жайдын кызматкерлери ошол замат ал шакектин кимге, кайсы жылы бүткөн бүтүрүүчүсүнө тийешелүү экенин аныктап, таап, тактап чыгышат да ошол эле штатта жашаган анын ата-энесине кат менен кайрылып, учурда алардын уулу кайсы өлкөдө, кандай даректе жашап жатканын сурашат. Алар уулунун кайда экенин билдирип, толук дарегин окуу жайга дароо жазып жөнөтүшөт. Ал эми ал окуу жайдын жетекчилиги өздөрүнүн бүтүрүүчүсүнө жана Финляндиягашакек ээсинин толук дарегин, деңизден табылган шакек дал ошол жигитке тийешелүү экенин бекемдеген расмий кат жолдоп жиберишет. Мына ошентип дайынсыз жоголгон шакек айланып жүрүп алты айдан кийин өзүнүн ээсин табат. Шакегин жоготкон жигит таптакыр түңүлүп, үмүтүн үзүп койгон «алтын» шакегин  олутту жылмайып отуруп ортончу манжасына кайрадан кийгизип койот.

Окуйа каармандары Пит БАУМГАРТНЕР менен Венера ЖУМАТАЕВА.

Башынан баштагандан айагына чейин ачык айтпай, бүдөмүктөтүп келе жаткан сыйкырдуу окуйадагы табышмактуу жубайлар ким дебейсиздерби? Айтайын. Алар кадимки эле, азыркы күндө Чехиянын борбору Прага шаарындагы «Азаттык» радиосунун кыргыз бөлүмүн жетектеп жаткан таланттуу журналист кызыбыз Венера ЖУМАТАЕВА менен ошол эле радиодогу бөлүмдүн англис тилдүү интернет сайтынын редактору кызматын аркалаган америкен күйөө балабыз Пит БАУМГАРТНЕР аттуу жигит болуп жатпайбы. Карабайсыздарбы? Бул айтылган окуйалардын каармандары негизинен бир эле аймактан болгону, андан да ошол шакекти учу кыйырына көз жеткиз чалкып жаткан айтылуу Жер Ортолук деңизине жүздөгөн өлкөлөрдөн агылып, эс алууга келишкен миңдеген, миллиондогон адамдардын арасынан так ушул азыр мен жашап жаткан өлкөнүн, шаардын жашоочулары таап алганы да өзүнчө бир башкача дал келүү, кызык окуйа болуп жатканын эмнеге, кантип жашырайын. Ушул кызыктуу аңгемени апрель айында Италиядагы Сан-Марино өлкөсүндө болуп өткөн бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын 2-форумуна катышканы барып, жердешим, кесиптешим Венера менен жана анын өмүрлүк жолдошу Пит күйөө бала менен жакындан таанышкандан кийин ортодо сөздөн-сөз чыгып отуруп, алардын башынан өткөргөн бирден-бир кызыктуу окуйасы катары айтып берген аңгемеси эле. Окуйалар көп эле болот негизи, бирок окуйанын ооз ачырганы, табышмак сыйактуу таң калтыра тургандары дагы болот экен. Ошондуктан Пит БАУМГАРТНЕР менен Венера ЖУМАТАЕВАНЫН окуйасын дал ошондой таңгала турган окуйа катары баалап, жеке өзүм эле эмес башка да көптөгөн окурмандардын кеңири аудиториясы дагы таанышып калсын деген тейде ушул чакан ой-толгоомду жазып койууну туура деп таптым..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист.
Финляндия, Келсинки шаары. 20.06.2013.

Apr 20

Кыргыз «борум».

*****************************************************************************************************************

САГЫНЫЧТЫ ЖАЗДЫҢ СЕН, САН-МАРИНО..

Бүтүндөй аймагын тегерете Италия өлкөсү курчап турган дүйнөдөгү эң кооз жана тепкедей чакан өлкөгө чогулуптурбуз. Калкынын саны болгону 32 миңдин тегереги дешти. Тээ атам замандан бери эле эгемен өлкө болуп эсептелип алышыптыр. Эң кызыгы элин башкарууга эки гана капитан-регент шайланып, болгону алты ай иштеп, анан башкаларга өткөрүп берип турушат экен. 60 депутатын ар беш жыл сайын алмаштырышат. Бир эле Монте-Титано тоосунун (деңиз деңгээлинен 738 метр жогору турат) чокусуна чейин мизилдете жол салып, кереметтүү, кооз шаар куруп алган байгер эл тура.

Сан-Марино. Монте-Титано тоосунун туу чокусундагы бүт аймакты көрсөтө турган аянтча. Сүрөттө солдон оңго: Венера Жуматаева, Айнагүл Мамырбаева, Рыскүл Тогомбаева жана журналистер Пит Баумгартнер, Асыран Айдаралиев Кайрат Биримкулов.

Салык төлөм дегенди билишпейт. Баалары Италияга салыштырмалуу кыйла арзан. Тилдери италиялыктардыкы, бирок эч кимдин көзүн карап, башкаларга таптакыр баш ийишпейт. Так ушундай жомок сыяктуу өлкөнүн суусун ичип, туз-даамын татып, бапырап чогулуп, туптуура үч күн жашадык, ар өлкөдөн агылып, 2-кыргыз форумга келген кыргыздар.

2 – Кыргыз форумдун салтанаттуу ачылышы.

Чогулуштун башкы максаты бүтүндөй дүйнөдөгү кыргыздардын башын бириктирүү, кыйналып кысталгандарга жакындан жардам көрсөтүү, ар өлкөлөрдөгү диаспоралардын алака байланыштарын күчөтүүнү көздөшүптүр. Башталып-башталбай жатканда эле ар кандай сынга кабылган кыргыздардын жыйналышына катышкан адам катары өзүмдүн жеке ой-пикиримди ортого жая салып, айтып-деп кетпесем болбос. Түрдүү кыйынчылыктарга карабай жыйналыш өтө турган жайды абдан жакшы жерден тандашыптыр. Ошол жердеги эң негизги жүктү, уюштуруу маселелерин аркалаган жаш жигит Жанатбек Шаршеев баш болгон уюштуруучуларынын тызылдап чуркап жүрүшкөнү астейдил ичибизди жылытты. Ал азаматтарга өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем! Албетте, оош-кыйыштары, кеткен кемчиликтери да болбой койгон жок, ансыз кайдан? Иш аракет жасалган жерде гана кемчилик болот эмеспи..

Рим шаарындагы “Fiumicino” аэропорту. 7-апрель, 2013-жыл.

Кыргыз форумга кандайча барып калдык? Жеке өзүм эки-үч ай бою «кекиртекти кысып», үй-бүлөлүк каражатты  үнөмдүү жолго салып жатып, тыйын-тыпыр чогултуп, аталган кыргыз жыйналышка атайын эле алтындай убактымды коротуп үч максат менен бардым. А бирок туптуура эле кылыптырмын..

Биринчиси,
кыргыз боордошторум менен жолугуп, сагыныч-букту жазып, жүз көрүшүп баарлашып, бир бажакташып келели дедим. Үч жылдан ашты, кыргыздар менен бир жерге чогулуп, кең-кесир баарлашпаганыбызга, көп кыргыз көрбөгөнүбүзгө. Европа айдыңындагы өлкөлөрдүн ар биринде жок эле дегенинде жүз ашык кыргыз бар экен, азырынча «апендицитке» айланып, оолагыраак, кыргыз барбай четте турган өлкө жалгыз эле ушул Финляндия экен. Тааңгөрү, өзүңдүн эле эл-журтуңа, тоолук кыргызыңа не жетсин, аз күн болсо да сагыныч-чер жазыла түштү, кулач жая кучакташып-жытташып атып кадимкидей кыргыз жыттанып эле калдык, буркурап..

Экинчиси,
«Кыргыз Форумга» катышып, байкоочу катары барып, баам салып, колумдан келе турган иштери болсо кол кабыш кылсакпы деген дагы ой болду. Кандай болгон күндө да чет эл, чет жер деген ченебей эле четтик кылат эмеспи, ар кандай жардамга муктаж боордошторубуз андан бетер көп демекчи.

А үчүнчүдөн болсо жөн гана италиялык улуу сүрөткер, бедизчи жана архитектор Леонардо да Винчи төрөлгөн өлкөнү көрүп, анча-мынча саякаттап, «күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет» дегендей дүрбөп, Италия менен «ооруп», обу жок ээлигип алганыбыз да чын. Жыйынтыгында Рим, Неаполь, Касерта, Болонья, Римини, Сан-Марино жана Милан шаарларынын мерчемдүү көчө-жайларын аралай басып көрүп, көңүлүбүз ой-даа көтөрүлүп кайттык. Ал саякатыбыз тууралуу «Италия кайрыктары» аттуу жол дептерим менен кийинчерээк тааныштырам, чыдай туруңуздар?

Мен эле эмес форумга келгендердин баары эле кандайдыр бир иштиктүү, жакшы ой-максат менен келишкен мекенчилдердин тобу болуптур. Ушундай мекенчилдикти бир гана нерсе тузун кемитип, азгантай супсак кылып, анча-мынча көңүлдү чөгөрүп койгону болбосо калганы жакшы. Ал жөнүндө аягында айта кетээрмин. Форумга катышуучулар өз Ата-Мекенибизден, АКШ, Оруссия, Түркия, Эмират, Германия, Чехия, Швеция, ал гана эмес алыскы күн чыгыш өлкөсү аталган Япониядан да эки кызыбыз келиптир. Албетте, анан Италия.

Сан-Марино шаарындагы дүйнөлүк 2-Кыргыз Форумга келишкен делегаттар. 

Ошентип 11-апрель күнү каш карайып калган маалда Сан-Марино шаарындагы заңгыраган мейманканадан жай алып жатып калдык. Чектеш жайгашкан Италиянын Римини деген шаарынан Улук деген жигит менен Назгүл аттуу татынакай карындашыбыз жылуу жумшак тосуп алышты. Жүргөнү билинбей зыпылдап учкан кычыраган таптаза «тез жүрүүчү поезд» менен келсек деле эсибиз ооп калган экен, орун алаарыбыз менен «оңкодон» түшүп уйкуга кетиптирбиз.

“Замандаш” Ассоцациясынан келген өкүл Азамат Айтбаев менен.

“Вечерний Бишкектин” кабарчысы, кесиптеш иним Азамат менен.

Эртеси таң атпай туруп, жазанып-түзөнүп алып кыргыз жыйынга катышып отуруп калдык, койкойуп. Кыргыз жергесинен келген аттуу-баштуулардан «Шоро» компаниясынын анабашы Табылды Эгембердиев, КР Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, КТРК кызматкерлери Элмира Тезекбаева менен оператор Алмазбек Абдраимов, «Вечерний Бишкектеги» кесиптеш иним Азамат Касыбеков, «Замандаш» ассоцациясынан дагы бир Азамат Айтбаев деген иним келиптир. Азамат жөн келбей «Замандаш» журналынын жаңы жылдык санынан бирди атайын көтөрө келип, расмий колумду кысып тапшырганы мага абдан жагымдуу болду деп койсом болот. Анткени ал журнал өткөн жыл жыйынтыгында мени «Замандаштын» «Жылдын мыктылары» аттуу сыйлыгынын «Ала-Тоолук Азамат» деген аталыштагы «Алыстагы сыймыктануучу инсаны» номинациясынын жеңүүчүсү деп таап, атайын статуэтка менен диплом ыйгарышкан. Ошондогу сый-урматтан азырынча ушул журнал гана колума тийип, кудуңдап, жетиналбай жаткандагым да. Андан тышкары алыстан келген Табыкенин Шоросу менен Танынан да ооз тийип, даамын чала-була татып калдык.

Жыйын жалпылап айтканда жакшы өттү. Көйгөйлүү көптөгөн маселелер айтылды. Ал тууралуу «Азаттык» үналгысынын Прагадагы жетекчиси Венера Сагындык кызы чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүнүн урунттуу учурларын сыясын кургатпай туруп жарыялап жатты. Анын баарын кайталап отуруунун кажети жок деп ойлойм, ошондуктан каалоочулар ушул шилтеме менен барып кененирээк таанышып алсаңыздар болот..
http://www.azattyk.org/contentlive/kyrgyz_diasporas_forum_san_marino_apr_2013/24955800.html

“Азаттык” радиосунун Прага бөлүмүнүн жетекчиси Венера Жуматаева иш үстүндө.

Чет жерде жашаган боордошторубуз кадам сайын кабылып турган кандай гана көптөгөн көйгөйлөрү бар экенин укканда кейип деле кетет экенсиң. Ушулардын баары айтылды. Айтып-деп койуш албетте оңой, а иш жүзүндө кандай, иш жүзүнө ашабы деги, мына маселенин мааниси ушул жакта калды, көмүскөдө көрүнбөй. Өткөн жылдагы Форум жыйынынын кабыл алган маселелеринин бири да аткарылбаптыр, тилеке каршы. Ар өлкөнүн ар башкача мыйзамы, талабы бар экени талашсыз, бирок анча-мынча маселерди четинен чечип бере турган элчилик, консулдук бөлүмдөрдүн жоктугу абдан чатак болуп турат. Ошол Форумду уюштурган италиялыктардын өзүндө эле чачтан көп маселелер бар экени кайра-кайра айтылып жатты. Андан да ал өлкөдө жашаган кыргыздардын саны оголе көп дешти, тагыраак айткан адам болгон жок, бери дегенде эле төрт-беш миң чамалап барат го сыягы. Тээ түштүгүндөгү Касерта деген чакан шаарчасында эле 200 ашык кыргыз бар экенине ишенип, айрымдарына жолугуп, баарлашып да калдым. Пицага чакырышат экен түз эле кимиси болбосун, биздин таптамага окшогон табактай камыр нанды италиялыктар өтө сыйлуу тамак дешет тура көрсө.

КР Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев.

«Италиядагы кыргыздарды коңшулаш жайгашкан Швецариядагы элчилик көзөмөлдөшү керек эле, мен аны ачык эле айтып койойун, каражатынын чектелүү болгонуна байланыштуу ал элчибиз келалбай калды» деди Болот Отунбаев. Анан чөнтөгүндө өзүнө жеткидей ашыкча акчасы жок жүргөн элчи канткенде кыргыздарга жардам берип, канча кыргызды канатына калкаламак эле? Ооба, көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилиши ошол эле каражатка барып такалып, көз каранды болуп, айтылганы менен аткарылбай калып жатканы баарыбызга эле түшүнүктүү болду. Ошондой болсо дагы Болот мырзанын «бул жактагыларга түздөн-түз тиешем болбогон менен азыркы айтылып жаткан маселелердин чечилишине жардам кылууга, расмий бийлик өкүлү катары Кыргыз бийлигине кабардар кылып, жеткирүүгө колумдан келишинче аракет кылам» дегенине ыраазы болуп олтурдук.

“Шоронун” кожойуну, айтылуу ишкер Таабалды Эгембердиев менен.

Жарма жасоонун жаңы ыкмасы менен ишкерликти баштап, карандай таман акы, маңдай тери менен байыган карапайым «бизнесмен» Табылды байке Эгембердиев кыргыздардын Европага, анан калса ушундай жерди таап алып чогулуп жатканына таң калганын жашырган жок. Ыраазы болуп отурду. Себеби дейт «башкы шорочу», тээ 20 жыл илгери кыргыздар бүткүл дүйнөлүк кыргыздарды кыргыз жергесине чогултуп, кыргыздардын курултайын өткөргөн, ошондо чет өлкөдөн болгону 2-3 эле кыргыз келген, башка жактарда саналуу эле кыргыз жашачу, азыр кыргыз барып жашабаган өлкө калбаптыр, ал гана эмес эми минтип өз киндиктерин өздөрү кесип, чогулуп алып маселе чече баштагандары мага аябай жакты» деп агынан жарылып берди. Ал эмес ал кишинин жубайы да чечүүчү маселелерге чечкиндүү катышып, так, даана ой-пикирлерин ортого сала тажабай  айтып, аралашып, өзүнүн боордошторуна чындап күйгөнүн ачык көргөзүп жатканына күбө болдук. Табыке байке биз жашаган финдердин өлкөсүнө да кызыгуусу күч экенин, жактырып  жатканын да жашырбай айтып алды. Буйурса жай айларында сөзсүз келип кетээрин, келээри менен экөөбүз ээрчишип алып кыялга бата деңиз жээктей кыдырып, балык ууламайды да унуткан жокпуз.

«Кыргыз Конгресс» Коомдук уйумунун  Президенти Кубанычбек Кожоев менен.

Канткен менен башталышы «жакшы болду» деп туралы. Албетте көч бара-бара түзөлөт эмеспи. Кыргыз жыйналыштын эмдиги жылкы чогулушу эң көп кыргыз мигранттардан турган, орус жергесинде жашагандар, Маскөө шаарында өткөрмөй болушту. Азырынча ал маселе Маскөөдөн келген «Кыргыз Конгресс» коомдук уюмунун президенти Кубанычбек Кожоевге тапшырылды. Ал эми азыркы форумда айтылып, кабыл алынган резолюциянын канчасы аткарылып, канчасы унут калат баарын убакыт көргөзөт. Алакандай нерсенин деле аржак бержагын карап, мээнет төгүп, акыл-күч жумшап, тызылдап чуркап уюштуруу, кабырганы сындырган каражат маселесин чечүү, майда-чүйдө маселелердин баарын баптап-таптап туруштун өзү эле мүшкүл иш билинбегени менен, чоң жоопкерчилик. Андай нерсени жасап, эңкейип куурай сындырбай туруп алып эле сынтаккандан оңой жумуш жок. Андайга да абдан жөндөмдүүлөр четтен табылып турат. Форум жүрүшү башталаары менен ал жердеги маалымат «Азаттык» аркылуу ааламга тегиз тарай баштабадыбы. Көрүп-билбей эле, толук маалымат албай туруп эле көрдөн алып жерге, жерден көргө ыргыткан пикирлер козу карындай жайнап, кыргыз жолугушуубузду жөн гана ичип-жеп жыргаш үчүн жыйналгандардын тобу, колдорунан кокон да келбейт деген тейде ээ-жаа бербей, ээликкендер да болуптур. Эмне демек элек, ичип-жейбиз да, өз чөнтөктөрүбүздөн чыккан тыйынга ичип-жемиш болгонсудук, курсак курулдаган сайын. Андай учурда айта беришсин, «бир ит көрүп үрөт, экинчиси көрбөй үрөт» деген макалдын маанисине такап койуп,  «кылчуу ишиңерди аздап кылдырата бергиле» деген кеңешимди кошумчалап коймокмун.

Ошентимиш болуп келип эле аягында Форум жыйналышындагы өзүмө анча жага бербеген оркойгон бир кемчиликтин көч башына чыгып кеткенине ичим чыкпай, анда болбосо да азыркы макалам аркылуу акырын кыстара кетүүнү туура деп таптым. Айттым бир ооз, «жалаң кыргыздар чогулган соң кыргызча эле сүйлөшпөйлүбү» деп. Угушкан жок, аракет кылабыз деген тейде андан да катуу күчөп сүйлөп калышты. Бул бир айыкпас оору болду, оорудан арылалбай азапты аштай тартып деле жатабыз мүңкүрөп. Кыргыздар ушуну анча түшүнө бербей койушту эмнегедир. Өз эне тилибизге болгон текеберчилик, карандай кайдыгерлик жаман экен. Кайака барба кыргыздын ушул кылыгы калбады. Кыргызча сайрап турса да кай бир учурда сүйлөгүлөрү келбейт экен, эмнеге экенин түшүнүш кыйын. Ачыгы, жыйынга бир дагы башка улут өкүлү катышкан деле жок. Жалаң «каракезек» кыргыздар келген экенбиз, бирок даярдалган кагаз-кугазы, анысы-мунусу, жыйындын ишин алып баруу жагы аягына чейин орус тилде өттү. Менин башында ойлоп отурганым туура чыкпады, кыргызча түшүнбөгөн, башка тилде сүйлөгөн коноктор бар го, ошон үчүн орусча даярдап койушкан го десем андай деле эмес экен. Бүт баары кыргыз, кып-кыргызча эле сайраган кыз-жигиттер келиптир. Анан эле опурулуп орусча сүйлөгөндөрү чекилик болуп калды. Азыр эми мейли, мындан ары да ушундай улана турган болсо анда мындай көрүнүш алдыларына абдан бийик максат койгон чет жердеги кыргыз форумчуларга эч кандай аброй алып келбейт. Мен буга бөркүмдөй ишенем, анткени азыркы тапта  бүт баардык боло турган иш-чаралар, жыйын-чогулуштар кыргызча өтүшү керек, мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп жаткан маселени ураалап колдоп чыккандын ордуна кайра каршы чыгып, эне тилди чануу-тануу туура эмес, жарабаган жумуш. Жарылдап, «Кыргыз Көчүнүн» жасаган иштерин жарнамалап, кыргызча сүйлөгүлө, кыргыз ӨҢҮ_ңөргө өткүлө деп өкүрүп-бакырып чыксам деле жарашмак мага, атайын барган соң. Антпедим. Жакшы маанай менен келип, жакшы маанай менен кетели, жасалып жаткан жакшы окуянын аягында ысык суу чачып ийгендей болуп, боордошторумдун кыжырына тийип алгым келбеди. Ким билет, балким баарына жагат беле, андагы айтылбаган буктун баарын эми кийинки чогулушка калтыралы. Аманчылык болсо бир жыл деген ачып көздү жумгуча эле келип калат эмеспи.

Сахнадагылар солдон оңго: Тимур Бектурган, Саламат Садыкова, Нури Садыгаалы жана Чынара Капарова.

Маанайыбызды Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, Германияда жашаган таланттуу кыргыз музыканттары Нури Садыгаалы менен Тимур Бектургандын атайын форумчуларга деп даярдаган концерти ого бетер асманга учурду. Шатыра-шатман алакан чаап жыргап уктук. Аягында буулугуп калышкандар тапырата танцыга чыгып, тээ бир далайга дейре шалака-шулак тер чачып, араң-зорго барып басылышты. Негизи немис жергесинен келгендер элчи мырзасы баш, ырчы-чоорчулары төш, доктур, бийчилери биригип алып атайын маршрутка минип келишкендерин, шайыр-күлкү коштогон ынтымактарын көрүп ыраазы бллдук.

Таракандай чачырап, ар ким ар жака тарап, четибизден «оюлуп» кетип жаткан маалда Швецарияда жашаган журналист Кайрат Биримкуловдун үй-бүлөсү менен келип калышы бири-бирибизди кыйып, коштошо албай убара болуп отурган бир тобубузду катуу жандантып жиберди. Мына сага анан, түн бир оокумга чейин «түтөдүк», чеке жарылганча чечиле сырдашып, кыргыз ырларынын, оо, бир далайын созолонтподукпу. Венерага (Жуматаева) рахмат, билбеген ыры деле жок экен, кыскасы алдына адам салган жок, аябай жакшы ырдап да, жыргап да отурдук. Эртеси күнү эки машинеге бөлүнүп түштүк да үч журналист үй-бүлөбүз менен зуулдаган бойдон Милан шаарын көздөй бет алдык..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Финляндия. 19.04.13.

Кыргыз жыйында тартылган көз ирмемдерден «КӨЧ КӨРГӨЗМӨ».

Залкар акын Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлзана эже жана италиялык жездекебиз менен.

Jan 31

Мурас..

Алымкул ТАШЛАНОВ, Бишкек, 2004-жыл.

******************************************************************

Б А Р К Т А Л Б А Г А Н   Б А А Л У У Л У К.

Кыргыз борбору Бишкек шаарында укмуштай уникалдуу, ашкере жөнөкөй, өтө мекенчил, өзгөчө таланттуу Алымкул ТАШЛАНОВ деген адам жашайт. Антип өзгөчөлөнткөнүмдүн себеби эле ушул. Бул адам, “мен минтип атам, тигинтип атам, мага бул керек, тигил керек” деп жулунбайт. “Кудай буйурган күнү баардыгы болоор, сабыр кылалы, сабырдуулук баарын жеңет” деп унчукпай эле эч кимдин колунан келбеген, эл үчүн эсепсиз баалуу жумушун аркалап келет. Алымкул аганын өзүнүн жеке карамагында өмүр бою чогултуп, бапестеп, барктап, канаттууга кактырбай тумшуктууга чоктурбай, чогултуп, ушул күнгө чейин сактап келип, өзү түзүп алган жомоктогудай “техника музейинде” элүү миңден ашык миң түрдүү экспонаттар бар. Башкача айтканда “мен техника” аттуунун түрлөрүн, бүтүндөй жаралуу тарыхын ным баскан жертөлөдөгү “музейден” тапса болот.

Эми ушу Музей тарыхына бир аз кайрыла кетейин. Тээ 2003-жылдары бул “Техникалык музей” борбордун чок ортосундагы Мамлекеттик эки кабаттуу эски Тарых музейинин сол канатында чоңураак аткаминээрдин “көчүгү” айланбаган бир кичинекей бөлмөгө жайгашып, кичине болсо да киши-кара кирип-чыгып, алтындан да кымбат, көөнөрбөгөн мурас, байлык бар экенин далайлар көрүп турушчу. Эң башкысы чакан бөлмө болсо да кургак, таптаза, жарык, көрүүчүлөр үчүн өтө ыңгайлуу жай болчу. Баалуулук дегенди уруп ойнобогон, өзүнөн башканы өмүрү жактырбаган, акылы тайкы адамдардын айынан ушул “улуу мурас” ошол Тарых музейдин жакшынакакй бөлмөсүнөн “сасыган” жертөлөсүнө сүрүлүп чыгып, чирип, бузулуу коркунучуна кептелгенине алты жылдан ашты. Көзүн май баскан, көпкөн, улгайып эле калган биздин бир “урматтуу” эжекебиз “мындай темир тезектин кимге кереги бар, эртең бошотпосоң эшике бирден ыргыттырам” деп Алымкул аксакалдын баалуу “уясын” тартып алганын өз көзүм менен көрүп, күбө болдум эле. Азыркы тагдыры кандай экенин билбейм албетте. Ким билет, жаңы бийлик келип, жарык, кургак жайга көчүрүп койушкан болсо анда баалуу иш жасаган болушат. Баалуу экспонаттар жөнүндө. Ашык кеми жок, апыртпай айтсам 17-кылымдан берки буюмдар бар. Алымкул абанын бала кезден бери чогулткан байлыгы баа жеткис, себеби, элүү миңден ашкан экспонатынын ар биринин жаралуу тарыхын жадыбалдай жатка билет, өзү оңдойт, таптаза кармайт жана дээрлик көпчүлүгү кадимкидей жарактуу, иштейт. Өтө сейрек кездешкен, ал гана эмес таптакыр жок болуп кеткен буюмдарды ушул музейден көрсө болооруна далай күбө болдум. Бир мисал, 18-кылымда Германиядан чыккан үч пианинонун бирөө ушу кишинин колунда. “Бирөө Германияда сакталып турат, бирөө такыр дайынсыз, кайда жоголгонун ушу күнгө чейин билалбай келем” деди эле Алымкул аба. Азыр эстеп алып, жазып жатканымдын себеби дүйнөдөгү эң бай экспонаты бар делген Санкт-Петербургдагы “Техника музейинин” жетекчилери келгенде, “бизде жок далай буюмдар бар турбайбы, канча десе да карабай сатып алабыз” деп тамшанып кетишкен музейдин тагдыры кантти экен, ным басып, дат басып, чирип кетпеди бекен” деп кейигенден кийинки ой толгоолорум ушул болду..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист. Келсинки шаары. 2013-жыл.
Автордун сүрөттөрү.

Миң түрлүү техника буюмдары.

Кийим тиккен машинкалар. Отузга жакын түрү бар.

 

Алгачкы сүрөт чыгаргыч.

Алгачкы тергич машинкалар. Азыркыча Эсепкер (Компьютер).

Латундан, жезден жазалган идиштер. 19-кылым.

Алгачкы телевизор-радио, телефондор.

 

 

 

Байланыш аппараттары.