Sep 25

Көз ирмем..

ЭКЕ 8МЕКЕНИМДЕГИ ОТУЗ АЛТЫНЧЫ КҮЗ!

 

Өмүрүмдүн отуз алтынчы күзүнүн күтүрөгөн биринчи күнүн Ата Журттун ысык демин искөө менен тосуп алдым. Туулган жерди көрөм деген эңсөө, куса менен учактын тепкичтеринен түшүп келе жатып, Мекенимдин кооз, жанга жагым айланасына көз чаптырып, абасынан кере кере дем алып, ушунчалык көңүл толкуткан абалда болдум. Ташып толкуган жаным, документтеримди текшерген жерден өтүп, жүгүмдү алып, шашып бушуп, сыртка чыктым . Кыркалекей тизилген күтүүчүлөрдү тиктеп мени ким тосуп алаар экен деп, алардын арасынан өзүмө караштууларды карап баратты. Кыргыздарым көзүмө жакын да, сүйкүмдүү да көрүндү. Тосуп келгендер менен кучак жая көрүшүп, үйгө балдарыма шашып бараттым. Жеңил машинада баратып Ордолуу Ошумдун көчөлөрүнө көз чаптырып, мурдагыдан да сулууланып калган шаарыма кубанып бараттым. Көчөлөр мурдагыдай өңгүл-дөңгүл, чаң эмес, түптүз асфальттанган, жол жээгинде түркүн-түстүү гүлдөр жайнайт, жарнамалар бажыраят, эстеликтин четинде фонтандар атылып, өзүнчө эле керемет! Чынында шаарыма көзүм тойбой суктанып бараттым. Үйгө келип тууган-урукка учурашып үлгүрө элегимде, менин келишимди эле күтүп турушканбы, кудалар басты, кызыма жуучу түшүп келишиптир.

 

Москвада жүргөнүмдө да телефон чалып, «балдар сүйлөшүп калышыптыр» – деп атышкан эле, мен барайын, жүзмө жүз көрүшөлү, сурап сүрүштүрөлү, кызым жаш, күтө алсаңар бир эки жыл күткүлө, анан көрө жатаарбыз деп койгон болчум. Мына эми, күйөө болчу жигитти көрчү кез, анын ата энеси менен таанышып сүйлөшчү кез келип жеткенин туйдум. Жүзүнөн мээри төгүлгөн, көрүшкөн күнү эле «айланайын, садага болоюн балам» деп жалынып жалбарган ак чач эне, менин болочок кудагыйым Аширкан эже экен. Эне мээримине, эненин жалынып жалбарганына зар жаным, көңүлүм жылый түштү. Ачык айрым, оюндагыны шарт айта алган, келишимдүү жигит болочок күйөө балам да дилиме толуп турду, негедир ушул жигит кызымдын көз жашын агызбай, бапестеп алаарына терең ишендим. Анын үстүнө, кызымдын да көңүлү бардай, экөөнүн бирин бири сүйүү толгон көз менен карашкандарын көрүп туруп, макулдугумду бербей койо албадым. Балким бул насип тагдыр болсо керек!!!.. Ошентип Кыргызстанды аттаган биринчи күнүмдө кызымды бөлүп, калыңы бычылып, эки жаштын той күнү белгиленип, бетке бата тарттык. Экинчи сентябрь күнү кафеде туугандар чогулуп, кызым Айданага сөйкө салуу аземи болду, кудалар менен жакындан таанышып, сүйлөшүп олтуруп, кеч таркадык. Күздүн үчүнчү күнү да мен үчүн кубанычтуу күндөрдүн бири болду десем жаңылышпайм, анткени Асыран Айдаралиев негиздеген «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун мүчөлөрү менен Ордолуу Ош шаарында жолугушуу кечесин белгилеген элек, алар менен жолугуп, «Көчмөндөрдүн» атынан чогулган төрт инсан бир дасторкондон даам сызып, эзелки, жүз жылдар мурдагы тааныштардай күлүп жайнап отурдук. эмбл 3Калмамат ава сөзгө чечен, жаш жигиттей шапылдаган, ары куудул киши баарыбызды башкарып, сөздү сөзгө улап, жайдаңдап отурду, кезеги келгенде ырдап да жиберди. Бизди сүрөткө тартам деп, бир, эки үч, төрт, деп эсептеп, он эки, он үч, он төрт дегенде гана сүрөткө тартылат экен, аны күтүп баарыбыз эстелик болуп катып калдык, он экиии дегенде мен күлүп бүтө албай койдум, деги күлкүм токтосочу…Койчу деги, жүргөн жерин шаңга бөлөгөн инсан экен!.. Азизбек болсо, өзүнчө эле чоң атам! Орундуу сүйлөп, саясатка жакын жигит экен, шайыр да, күлкүчү да экен, шатыратып ыр окуп жиберет, бакылдап бата берип жиберет!.. Ал биздин сүрөтчүбүз болду, эринбей баарыбыздын көөнүбүзгө карап, ар түрдүү сүрөттөргө тартып жүрдү! Жыргалбек болсо, анегдоттору менен боорду эзип атты, кылган иштери, жасаган эмгектери менен тааныштык, эл үчүн күйүп бышкан, калктын камын ойлогон бактылуу инсан экен! Анын англис кыргыз тилиндеги котормолору көп адамдардын керегине жарайт деп терең ишенем! Мен деле жалаң жигиттер жана мен болуп, мырзалардан кем калышпай, ыр окуп, Москвадагы жаңылыктардан сөз кылып отурдум, мындагы жетишкендиктерибизди, жаш таланттарды колдоп жүргөн, «Аруу жан» коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекованын колдоосу менен «Аруу Дүйнө – 1,2» аттуу таланттардын жыйнак китептери чыкканын, ушул аталыштагы гезит чыгарганыбызды, айтып өттүм. Эргип кетип «Булбулумду» ырдап да жибердим. Кыскасы бул күнүбүз эң сонун эсте калаар күн болду! Бири-бирибизди кыя албай, араң эле коштоштук!!!.. Төртүнчү күнү «жолоочунун жолдогусу жакшы» деп борбор шаарыбыз Бишкекти көздөй жол тарттым. Түнү менен жол жүрүп, таңга маал барчу жериме жетип, жайланышып алган соң, Москвадан барган кесиптештерим, досторум менен жолугушуп, Бишкекти кыдырдык, кооз жерлерине барып сүрөттөргө түштүк. Эртеси ЭлТРде съемкада болдук, бизди Нуриза аттуу татынакай кызыбыз тартып, тааныштырып жатты. Ал акын кызыбыздын китептеринен да автограф жаздырып эстелике алдык, андан чыгып академик Лариса Асанбекова эжебиз машинасы менен кең Бишкектин булуң бурчтарына алып барып, көптөгөн сонун жерлерди көрсөттү жана бизди сыйлады. Жазуучулар Союзу тараптан капысынан Чолпонбек Абыкеевди көрүп калып, Нуржамал экөөбүз салам айтып жиберсек, кайран Чокем чоочуп жүрөт, кимдерди көрүп турам деп.. Көрсө ал да бизди карап, Москвалыктарга окшош экен, деп тааный албай бараткан экен.

Кечинде Лариса эже «Кыздар ай» китебинин акындарынын жолугушуусуна алып барды, Бурулкан Карагулова эже, Айжаркын Эргешова менен, дагы көп акын жазуучу эже сиңдилер менен таанышып, өзүбүздү толуктап отурдук. Жетиси күнү дагы съемкада болдук. Бизди ЭлТРден Алтынбек Исмаилов жаркылдап тосуп алды да, «Чак түш» берүүсүндө түз эфирде болдук! Алтынбектин суроолоруна жооп бердик, ыр окудук, элге каалоо тилек айттык! Саат беште филармонияга акын жазуучу Бактыгүл Сейитбекованын элүү жылдык юбилейине бардык, апапак көйнөк кийип гүлгө оронгон эжейимди көрүп суктандым, аябай сулуу болуп, сахнада нурданып отурду! Куттуктоолор!!!… Менмин деген акын жазуучу эжеке агайларыбыз келип, катышып, куттуктап жатышты. Ырчылар коштоп ыр ырдап, бийчилер бийлеп үч аншлаг менен өттү! Эл залга толуп, батпай балконго чейин чыгып, көрүп жатышты!.. Биз да Москвадан барган төрт өкүл, ыйык сахнага чыгып каалоо ырларыбызды окуп түштүк, албетте ошончо зал толгон элдин сүрүнөн толкунданып да, сыймыктанып да турдук! Асыран агайдын жардамы менен алты «Көчмөндү» чакырган элем кечеге, алар да келип, тааныштык жана эртесине Бишкекте «Көчмөндөрдүн» чакан жолугушуусун уюштурмай болуп сүйлөштүк! Эки жарым саатка уланган юбилей эң жогорку деңгээлде өттү, андан чыгып ресторанда эженин коногу болдук! Ал жакта да он эки , бирге чейин сый үстүндө болуп, таркадык. Эжебиздин калкына ушунчалык сый урматы, таасири, таланты бар экени менен сыймыктанып, биз да ушул даражага жетсек деген тилек ар бирибиздин башыбызда, жүрөгүбүздө турду!!!


Сегизи күнү Айжаркын Эргешова экөөбүз жолуктук, биз буга чейин бир жарым эки жылдай виртуальдуу достордон болсок да, бет келишип көрүшө элек болчук. Бар тарабы сыртына чыккан жаркылдаган, тамашакөй жан экен, бат эле эски достордой тил табышып кеттик, алтысында жолугушууда көпчүлүк менен болуп, анын үстүнө алгач ирет көрүшкөндүктөн анча кобураша албаган элек. Каткырып, өткөн кеткенден кеп салып отуруп, саат алтыда «Көчмөндөр» чогулган «Империя плов» кафесине барып түштүк, бизди чыдамсыздык мене күтүп атышкан экен, кучак толгон гүлдөрү менен Бишкектин Көчмөндөр тосуп алышты. Баары шайыр, жүздөрүн күлкү чайган, бактылуу инсандар менен жолугуу, аларга сыйлуу конок болуп отурганым үчүн мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм! Төрдөн орун беришип, жашу улуу эжелерим улуумун дебей, сыйлаганына терең ыраазычылыгымды билдирем! Күпүлдөтүп ыр окудук, ырдадык, аккардеон ойногон актер жигит тим эле жүрөк бооруңду эзип ырдайт экен, кайра
кайра суранып ырдатты, эң сонун каалоо тилектер болду, баарыбызга ийгиликтерди каалап коштоштук! Тогузу күнү таң эрте Заманада съемкада болдук. Андан чыгып Айжаркын гид болуп, жакшы магазиндерде болдук, кийим кече сатып алдык да үйгө келип, Айжаркындын уулу аяш уулум Исхак болуп кобурашып, досумдун коногу болдум. Ону күнү уйкуну бышырып алып, чачыбызды жасатып, саат экиде Кыргыз патентте болдук, ал жерде Кыргыз патент тарабынан жана акын Нурлан Калыбековдун колдоосу астында жети автордун китеби бекер чыгарылып, китептердин бет ачаар аземи болуп өттү. Жети автордун арасына кошулуу бактысы мага да насип кылып, «Эки асыл» аттуу аңгемелер жана новеллалар жыйнагым жарык көрдү.

Журналисттер сүрөттөргө тартып, теледен интервьюларды алышты. Жакшы каалоолор менен китептер ээлерине тапшырылды. Ал жерден өзүбүздү кеңири тааныштырып, бирден ыр окудук, «Көчтөн» колдоп барган Райкүл Айдаралиева, Чынара Сарбагышова, Хатира Асанова жана Айжаркын Эргешоваларга чын дилимден ырахмат айтам. Ошондой эле колдоо көрсөткөн биздин жетекчибиз Бактыгүл Сейитбековага жана Нурлан Калыбековга чексиз ыраазычылык билдирем. Албетте ал жерден да эстелике сүрөткө түшүп, китептерибизден алышып, досторго берип, көрүндүктү да мол алып, жолумду уладым. Ушинтип Бишкектеги алты күнүмдөн алты жылдык эргүү алып, Бишкектиктер менен коштошуп, сапарым карыганын айтып, Айжаркындын, Айжан эженин жана Нуржамалдын узатуусу менен Ордолуу Ошума сапар алдым. Таң эрте тогузда Ошко келип түштүм да, дароо тойдун камы менен базарлыктарды баштадым. Мен келгенче кайын энем, кайын эжемдер көрпө төшөктөрдү камдап коюшкан экен. Кызым менен күйөө баламды ээрчитип алып сарпай кылдык, аларга жаккан кийим кечелерди алып, эртеси той көйнөгүн көрүп, кызыма өзүм тандаштым. Ал жердеги «кыздар жеңеси болосузбу?» – деп сурап коюшат. Ошентип кызымды узатаар күн да келип жетти. Ичим туз куйгандай эле ачышат, кызымды алып Маскөөгө алып кетип калгым келет, кайра «кой, бактысын тилейинчи баламдын» – деп өзүмдү жубатып койом. Баары бир канча сабырдуу болоюн десем деле кызым колумдан чыгып башка бирөөгө бүлө болушун ойлосом, эмчегим зыркырап алат.


эмбл 2Мынакей.. Аппак көйнөк кийип, айдан түшкөн перидей болуп, супсулуу, татына, пакиза, периште кызымды көрүп, көз жашымды бир шыпырып алдым. Ким ойлоду дейсиң, кечээ эле апалаган кичинекей бөжөгүм бүгүн минтип ак көйнөк, ак шөкүлө кийген келинчек болоорун!.. Мен деле ушул күндөрдө кайнене болуп, кимдир бирөөгө сыйлуу кудагый болуп калам деп жети уктап түшүмө кирген эмес! Албетте боло турган нерселер дечи, бирок мынчалык чукул болушун күтпөгөн жаным, делдиреп жүрдүм! Же бир апам жанымда болсочу, ушундайда акылыма акыл кошоор, демиме дем болоор.. Атам, ардагым, аска зоом атам кашымда болду!.. Атама, атамдын бар экенине жаратканга тобоо келтирдим!.. Оорумду колдон, жеңилимди жерден алган кайын журтума да аябагандай ыраазымын жана карыздармын!.. Апамдын жоктугун билдирбей отурган кайын энеме ыраазымын!!!

Кагылайын апам ай!!! .. Кызыңдын ушул күндөрдө жетим кыздай салбырап, ич дарты ичинде болуп, көз талыта жол карап сени күткөнүн сезээр бекенсиң!!!.. Келсе, балпайтып төрүмө отургузуп, сарпайдын тазасын, жиликтин эң сыйлуусун берсем, апасы бар дедиртип эле акыл насаатын айтып үйүмдүн куту болсо кана атаганат, деп ичимден тынып, шуу үшкүрө жол караганымды, эч кимге көрсөтпөй эчкирип ыйлаганымды сезээр бекенсиң, туяар бекенсиң апакем!!!.. Эмчегиң деле зыркыраган жокпу ыя апаке?!!!.. Мейли кантсе да апам бойдон каласыз, мени жаратып койгонуңузга чексиз ыраазымын жан апам!!!.. Кечиресиздер, сөз арасында ичтеги кайнаган бук айтылып кетти көрүнөт!.. Кантмек элем, казандан бары чөмүчкө чыгат тура!!!..


Ошентип кызымды узаттык! Кирип чыгып кызмат кылып, чай ташый коюп жүрсөм, күйөө жолдоштор жеңелеп тийишет десең! Кокууй деп үйгө кире качам, бирдемени шылтоолоп. Кыз күйөөгө атам кур байлады, той ойдо жок жерден болуп кеткендиктен, жолдошум жол узактан бара албай калганына байланыштуу. Эки жашка бата бердик!!!.. Атам эң сонун сөздөрдү сүйлөп, баарын алакан жайдырды, ылайым эле атакемдин батасы тийип, небереси өзү менен өзүнчө бир шаар болуп, өнүп өссүн! Кызымдын ушул күндөгүдөй сулуу, бактылуу жүзүн өмүр бою көрсөм экен!!! Замир экөөнүн кармашкан колу эч качан үзүлбөй, эң таттуу өмүр сүрүшсүн!!! Кызды машинага салып, жеңелерин узатышып жүрсөм, күйөө баламдын бир досу келип, эже сиз да ЗАГСка чыгасызбы биз менен, аяштын бир тууган эжесизиз го, окшош экенсиз, жүрүңүз биздин машинага чыгыңыз, деп колдон алат. Кайнежем жанымда эле, «ай, бул деген аяшыңардын апасы болот» десе, койсоңорчу тамашаңарды, жөн эле кызганып атасыңар го, деп күлүп жүрөт тарткылап. Кыскасы кызык эле болду. Тойго Бишкектен белек артынып «Аруужан» коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекованын жана КР Жазуучулар Союзунун атынан өкүл болуп акын, жазуучу Айжаркын Эргешова келди. Ниетинин түздүгү да, «тоюңа баралбадым Самаркаа» – деп аткан эле, насип буйруп ошончо адамдан Айжаркынга туз татыганын карачы!!! Балдарды шаар айланганы узатып коюп, кечки ресторанда боло турган тоюна даярданып, чачы башыбызды жасалгалап , артист көйнөктөрүбүздү кийип алып жөнөп калдык. Кудалар кучак жая тосуп алышып, атайын даярдалган залдан орун алдык. Той да эң жогорку деңгээлде, кызыктуу өттү, эки баланын бактысын тилеген ата энелер, тууган урук, дос жарлар!!! Деги койчу мындай бактылуу күндөр, бактылуу мүнөттөр, бактылуу көз ирмемдер адам баласында бир эле жолу болот балдар үчүн, ата энелер ар бир баласынын жакшылыгында бактылуу болушат!!! Ылайым баарыбызды ушул бактылуу мүнөттөргө, бактылуу көз ирмемдерге жеткизсин!!! Балдарымдын келечеги кең болсун!!! Быйыл тоюн көрүп кубансам, эми небере жыттап бактылуу болоюн!!! Ошол күндөргө жеткизсин, кудайым ошол күндөрүн баарыбызга насип этсин!!! Оомиийн!!!

 

Самара НАСЫРОВА. Маскөө шаары. 25.09.2013-жыл.

Aug 27

Палван.

Малик ОСМОНОВ.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Малик ОСМОНОВ.

АЙТЫЛУУ АБДЫРАХМАН.


Баш сөз ордуна.
Ар бир нерсенин сааты болот тура. Антпегенде мындан жети жыл мурда кулагым чалган Абдырахман палван жөнүндөгү баянды ушугезге дейре сары майдай сактап жүрбөсөм керек эле. Мына эми сааты чыгып, айтылуу Лейлек жергесинин Кулунду айылынан чыккан Абдырахман палван баянын Москвадагы “Нур” газетасына жарыялоону ылайык таптым. Баса, бул баянды мага ушу таптагы КР парламентинин депутаты Малик ОСМОНОВ деген палван агам айтып берген эле. Эмесе, ошол баянды канчалык деңгээлде кагаз бетине түшүрө алганыма өзүңүздөр күбө болуңуздар, ардактуу окурмандар.

 Күрөш жылдызы.


“Артта калган ХХ кылымдын 70-жылдары кыргыз күрөшүндө өтө чоң бурулуш болгон. Ушунакай бурулуштарды жараткандардын катарында Абдырахман палван деген болгон. Бою 175 см.деги ак жүздүү, жылтыр сулуу, периштелүү Абдырахман палвандын атагы бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн ичи-койнун аралап,болуп турган кези экен. Бир көргөн жанды өзүнө тарткан Абдырахман палвандын күрөш асманында жылдызы жанып турган чагы. Мен айтылуу палванды дал ошол жылдары көрүп калдым. Ошол жылы Өзбекстандын 1-секретары Шарап Рашидовичтин демилгеси менен Совет-Абадда бир айга чукул күрөш өнөрүн эл сынына тартуулоочу палвандардын таймашы болуп өттү эле. Ошондо Абдырахман палванды көргүсү келген биздин Барпы айылдын тургундары түп көтөрө көчүп барышкан. Өнөр көрсөтүлүүчү жайга туш-туштан жеңил машинелер менен атактуу палвандар келишти. Ошолордун бардыгы жалгыз гана Абдырахман палван менен күрөшүүнү эңсешип, кезекте турушту. Эмне үчүн мындай болуп калды? Себеби, ушуга чейин жалаң бой-келбети зор палвандар гана жеңишке жетишип келген болсо, Абдырахман палван бой-келбети кичинекей адам деле жеңиштин туу чокусуна чыга аларлыгын далилдеди. Канчалаган оор салмактагы палвандардын бирин калтырбай оңго-солго жембаштыктай эле чаап жатты. Элдин дуулдаганын айтпа. Улут-улутка карабай калышты. Тажикпи, өзбекпи, кыргызбы, айтор, баарысы Абдырахманга жан тартышып, көрсөткөн өнөрүнө ичтеринен ыраазы боло алкап турушту. Эң кызыгы, адатта тегерек тарткан аянтта жуп-жубу менен 20-30га жакын палвандар күрөшүшчү. Ал эми Абдырахман ортого чыкканда, башка палвандарга эл назар салбай коюшчу, натыйжада Абдырахман гана түгөйү менен кең аянтта жалгыз күрөшчү. Абдырахманда жеңилүү ызасын тартуу деген такыр жокко эсе эле…

 Ченемсиз кадыр-барк ээси.

Эл оозунда Абдырахман жөнүндө не деген икаялар, легендалар айтылып жүрөт. Ал негизинен 70-жыл менен 80-жылдын соңуна чейин, тагыраагы көзү өткөнгө чейин күрөшүп өттү. Ошол убактын аралыгында ага тең келээр абийирлүү палван болбоду десем жаңылышпайм. Түштүк Кыргызстан менен чектеш жайгашкан баардык улуттардын арасына өз баласындай жакын туюлган ченемсиз кадыр-баркка эгедер эле. Мындайча айтканда жөнөкөй эле күрөштүн аркасы менен атын дүңгүрөтүп алган болчу. Андыктан ким болсо Абдырахманды тааныйт, ким болсо Абдырахманды билет эле, ким болсо Абдырахман жөнүндө 15 минутпу, жарым саатпы, жомок айтып бере алат эле. Ошондо биз студент элек, Абдырахман да Ошто окуйт экен. Көчөдө бара жатканда соңунан сонуркаша карашкан элдин баары ээрчип алчу. Эми олбурлуу палвандар деле көп дечи. Бирок Абдырахмандай периштелүү, бешенесинен жылдызы жанган палванды мен бул чөлкөмдөн көргөн дагы, уккан дагы эмес болчум. 1974-жылы Ташкентте Орто Азиянын биринчилиги үчүн таймашышкан мелдеш болуп өтөт. Ошондо Кыргызстандан жалгыз барган Абдырахман палван баш байгеге ээ болгон экен, архивдеги сүрөтүнөн көрдүм.


эмух
Бата менен эр көгөрөт.

Эми күрөштөрү тууралуу кеңири токтолсом. Эски Ноокаттын жогору жагында Сахаба деген жаратылышы кооз, ажайып, касиеттүү эл сыйынган жер бар. Жыл сайын ошерде 1-майдан 9-майга чейин күрөш өтчү. Күрөшкө Орто Азиянын “менмин” деп көкүрөк каккан палвандары катышчу. Ошондо мен көргөндөн Абдырахман палван 9 күн бою түк жыгылбастан, кандай гана өнөктөшү болбосун, мөөрөйдү эч кимге алдырбай турду. Мына чыныгы палвандын күчү! Ага асыресе, өзбек, тажик палвандар талапкер болушчу. Ушунчалык сыйкырдуу күчкө, сыйына турган касиеттүү палванга айланып кеткен эле. Андыктан ага ак сакалдуу, ак чач чалдар да 20-25 сомдук акчаларын чөнтөктөрүнө салып алып чыгышар эле. Бирок жыгылышат эле. Антсе да, Абдырахман катуу жыкпастан, айлантып келип акырын жерге таштап койчу. Көкүрөгүн үстүнө салчу эмес. Анан акчалары менен кошо Абдырахманга ак батасын беришип, касиеттүү палвандын белин кармап койгондуктары үчүн өздөрүн бактылуу сезишчү. Абдырахман чыгарда өнөктөшүнүн бетинен өөп, учурашкан соң күрөшө баштачу. Ошондо мен ойлочум “Неге мындай кылат?” деп. Көрсө, Абдырахман күрөшүштү гана билбестен, өнөктөшүн урматтоону да өздөштүргөн маданияты жогору мыкты инсан болгон тура.

Дагы бир күрөштө Өзбекстандан СССР Жогорку Советине депутат Рустам Жапаров деген палван келди. Бою 2 метрге жакын, аябагандай алп денелүү неме эле, ыраматылык. Спорт чебери болчу. Ошо гана Абдырахман палванды бир сааттай былк эттирбей кармап турчу. Экөө дем алып, дем алып бир сааттан ашык күрөшүшчү. Бирок аны да аягында көтөрүп чапчу.


Орто Азия чемпиону.

Жай мезгили өкүм сүргөн чакта Совет-Абадда кечки саат 7де күрөш башталчу. Күндүз иштен кол бошобойт. Күрөш түн бир оокумда араң бүтчү. Эл быкпырдай жайначу. Ошондо көптөгөн палвандардын ичинен Абдырахман палвандын гана аты айтылчу. Элдин баары “Абдырахман палван бүгүн ким менен күрөшөт экен?” деп кызыгышчу. Не бир, Бакай бабабыздай ак сакалын жайкалткан карыяларыбыз барчу. Ошондой күрөштөрдүн биринде Абдырахман палван Өзбекстандык Рахим деген палван менен күрөшүп калды. Бул да өтө зор, абсолюттук чемпиондукка жеткен палван экен. Күрөшкө келерден алдын жергиликтүү газеталардын бирине интервью берип, кабарчынын “Орто Азия боюнча өзүңүзгө тең келчүсү барбы? Болсо ким деп эсептейсиз?” деген соболуна “Мага тең келчүсү азыр жок” деп жооп узаткан экен. Бул интервьюнун газетага жарыяланганына бир айдын жүзү толуп, эл арасында ал тууралуу уу-дуу сөздөр жүрүп жаткан экен. Ошол күрөшкө Рахим палванды коштоп, райондун акимдери, эл башчылары келишкен эле. Ортодо күрөш жүрүп жатат. Эл дуулдап өзбек, кыргыздын баары “Абдырахман” деп турат. Бой-келбети 2 метрди чапчыган Рахим палван Абдырахман палванды жерден көтөрүп кетип, айландырып туруп, биринчи оң тизе менен жерге ныктап урду. Абдырахман жыгылбастан мышыкчасынан чап жабышып туруп калды. Экинчисинде сол тизеси менен жерге дагы ныктап урду. Чамасы бутун сындыргысы келди окшойт. Абдырахман дагы туруп калды. Ошол көз ирмемдин ичинде Абдырахман Рахимдин ичине кирип кеткен экен. Кандай чапканы көзгө илинбеди. Айтор, Рахим палванды көкүрөк жагына көтөргөн бойдон айландырып келип, башы менен жерге сайып койду. “Эми эмне болуп кетет?” деп жанатан бери нес болуп, бир чекиттен карек үзбөстөн тиктеген эл ордуларынан жапырт туруп кетишти. Кыйкырык-сүрөөндү айтпай ак коёлу. Ошондо Рахимди ээрчип келген өзбекстандык акимдердин бири ортого чыгып, Абдырахман палвандын оң колун өйдө көтөрүп “Оо, эл-журт, баарыңар билип алгыла, Орто Азиянын чемпиону ушул үкөбүз болот! А биз болсо мына бу экен деп адашып жүргөн экенбиз” деп ызасына туттугуп, бозала болуп, бурчта отурган Рахим палванга сөөмөй кезеген бойдон келген тобун ээрчитип чыгып кетти…

Абдырахман аттуу ысымдардын көбөйүшү.

Андан соң дагы бир жерде күрөштү.Өзбекстандын түбү кыпчак кыргыздан тараган Абдилаз деген палваны бар экен. Бир гана Абдырахман палван менен күрөшүүнү эңсей берип, баш-аягы 26 жолу күрөшүптүр, а бирок 26 жолу тең жеңилүү ызасын тартыптыр. Эми Абдырахман палван күрөш өнөрүн ушунчалык аспиеттеген, кудай берген касиети бар, анык уста экен да. Кандай абалда ким менен күрөшпөсүн, сөзсүз жеңишке жетишчү. Эгерде азыркы мезгилде Абдырахман бар болгондо, же болбосо Абдырахмандын мезгили азыркыдай болгондо кыскасын айтканда, Өзбекстан болобу, Тажикстан болобу, Кыргызстан болобу, кайсыл округдан талапкерлигин койсо да, милдеттүү түрдо депутат болуп шайланмак. Ошол мезгилде төрөлгөн балдардын баарынын ысымы Абдырахмандын урматынан коюлуптур. Ошол жактарга күрөшүп барганыбызда, аксакалдар келип таанышытырар эле “Мынабу неберемдин ысымы Абдырахман” деп.

Анан да Өзбекстандын, Тажикстандын кайсыл жеринде той болбосун, бир жума мурун “Жөн гана келип тойго катышып берсеңиз эле болду” деген чакыруу баракчалары байма-бай келип турган. Кудум Киркоров, Газманов өңдүү музыканттарды чакыргандай. Абдырахман ал жерде күрөшпөчү. Бар болгону “Абдырахман палван келди” деген сөз той ээлеринин көңүлүн көкөлөтүп, зоболосун оболотуп таштачу. Чоң океандын эрке балыгындай бул турмушта каалагандай сүзүп, атак-даңктын кучагында куунап өмүр сүргөн эле. Аны көрүп эле эмес, ал жөнүндө сүйлөшүп отуруп эле черлери жазылчу, элдин. Жомок эле. Өзү кызга окшоп күлүмсүрөп турчу. Ким менен болбосун тил табышып кетчү. Ал жүргөн жерлердин баарына эл жыйналып калчу. Азыркы телевизордо көргөн шоу-бизнес жылдыздарын эл ороп калгандай көрүнүш өкүм сүрчү. Айрыкча, аксакалдар көп кошточу. Анан дагы Абдырахмандын тушунда өзбек, тажик, кыргыздын баары бир улуттай биригип кетишкен. Бири-бирин бөлүү деген болгон эмес. Мындайча айтканда, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого да өтөлгөлүү салымын кошкон.

1978-жылы Оштогу стадиондо күрөш болуп, Казакстандан офицер келди. Алибеттүү, алп денелүү палван экен. Биздин палвандардын баарын жыгып койду. Акыркы кезек Абдырахманга жетти. Аңгыча болбой жамгыр себелеп кирди. Кол чатыр жок. Жамгыр төгүп турат, куюп турат. Эл кетпей турат. “Абдырахман күрөшөт” деп бир адам ордунан жылбады. Мына күрөштүн күчү! Жамгыр токтободу. Абдырахман казакты чапты. Артынан беш-алты палванды жыгытып, стадиондон чыгып кеткен соң гана, эл үйлөрүнө тарай баштады. Азыр футбол болот десе жамгыр жаамак тургай, шамал саал катуулай баштаса, эл чилдей тарамак. Бул да болсо Абдырахмандын элдин жүрөгүн тегиз багындырып алгандыгынын далили болсо керек. Биз Абдырахманды идеал тутар элек. Өнөктөшүн оңго, солго, каалаган жагына ыргытчу. Жолборстой эле көрүнчү, көзүбүзгө.


Жыгылбаган палван болбойт.


Жыгылбаган палван болсо, анда ал адам эмес. “Далысы жерге тийбеген палван” деп коёт кыргызда. Айры төштүн астында калбаган палван болбойт. Бир ирет Бакшы деген түрк палван менен күрөштү. Ошондо кантип жыгылганын деле билбей калдык, айтор, Абдырахман жыгылып калды. Эл ынабай Бакшыга соорун берген соң, экөөсүн кайра күрөштүрүштү. Абдырахман секунддун ичинде Бакшыны чапты. Андан кийин дагы бир жерде 140 кг салмактагы өзбекстандык Эркин деген раис палван менен күрөштү. Эркин эки-үч ирет силккенде Абдырахмандын оң буту кызыл ашыктын түп жагынан жарака кетип калды. Анан эки аксакал кол жоолук менен бутун таңып, кайра салды. Ошондо акырын аксап күрөшүп, так көтөрүп урбастан жамбашка алып жыкты. Анан аксакалдар “Болду эле болду” деп бүтүрүштү. Кайра ошол эле күрөштө Жалал деген өтө зор өзбек палван менен күрөштү. Булар он жыл бою Абдырахмандан жыгылып, өчүн кууп жүрүштү. Эми Жалалды да мурун 20-30 жолу жыгыткан экен. Ушул күрөштө негедир жыгылып калды. Ошентип күрөш бүтүп кетти. Абдырахман бут кийимин кийип, ордунан жылбай турду. Бирок эл тарабай аны күтүп турушту. Беркиге көңүл деле бурушпады. Жыгылса да эл Абдырахманга жан тартчу.

Мүнөзүнө токтолсом, Абдырахман үн созгондо таңда таңшыган торгойго тете ырдачу. Жалан, Рыспай Абдыкадыровдун обондорун созчу. ГАЗ-24 үлгүсүндөгү Волга айдачу. Ал убакта Волганы ар ким эле мине берчү эмес. Жумурткадай ак Волгасын алкынтып, жанында жүрсөң ырдап, сөзмөрдүгү менен чер жазчу. Өз доорунун алдыңкы адамдарынын алдыңкы сабында турган. Мезгилине төп келген инсан эле…


Жигит өлбөс болсочу.

Өлүмү трагедиялуу болду. Бактылуу адамдын тагдыры ушундай болот окшойт. Тарых баракатарына көз чаптырсак, эчендеген белгилүү адамдардын өмүрү өкүнүчтүү көрүнүштөр менен аяктагандыгы анык. 1980-жылы 7-мартта 30 жашында Ошто өлдү. Саар менен элдин баары ыйлап жүрүшөт. Ошондогу ШИИБ начальниги кыргыз милийса экен. Эми чиновник да, патриотизми жок. Элдерге “Атаңдын оозун урайын! Бир палван өлүп калыптыр. Элдин баары Ошто ыйлап жүрөт. Тигил Монголиянын Сухе баатыры өлгөнсүп” дептир өтө пас ойлорун ортого салып. Эми ал милийса Абдырахман палвандын алдында ким эле? Сөөгү Лейлекке коюлган. Артында уулу жок, кыздары калган. Тажикстанга, Түркмөнстанга, Өзбекстанга бир кеткенде 2-3 айлап жоголчу. Аркасынан 40 адамды ээрчитип, багып келет эле да. А мен билгенден бул киши Ошто жашап, Ошто өлдү. Гагарин бүт дүйнөгө элес калтыргандай Фергана өрөөнүнө өзүнчө жаркырап элес калтырган жылдыз эле.

Жыйынтык сөз.

Ушу тапта Абдырахман палвандын атын алып жүргөн мекеме-уюмдар балким бардыр, бирок билбейт экем. Абдырахман палван жөнүндө, ушундай таанымал, ушундай чоң каарман жөнүндө, чынында эле өзүнчө бир чоң баатыр жөнүндө токтоло турган нерсе жок болуп жатат. Кыргыз элинин намысын дээрлик 10 жыл бою коргогон ишмер жөнүндө оозго алаарлык иштер болбой жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Жердештери жыл сайын 9-майдагы Жеңишке карата Абдырахман палван атындагы турнир өткөрүп гана турганы болбосо, башка жагы алиге дейре аксап турат. Жыйынтыктап айтканда Абдырахман палван жөнүндө көп нерсе айтыла элек, айтылышы керек. Көп нерсе жазыла элек, жазылышы керек. Кыргыз Өкмөтү тарабынан тиешелүү баа берилиши керек…”деп Абдырахман палван тууралуу дил баянына чекит койду Осмонов Малик палван агай.

 

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
«Нур» гезити,  Москва шаары,
2011жыл.

Aug 12

Аңгеме.

Турусбек ТУРГУНБАЕВ

Турусбек ТУРГУНБАЕВ

КЫШТООДО.

(Аңгеме)

Эртең менен апамдын үнүнөн улам ойгонуп кеттим. Мешке от жагып, эртелеп саап келген сүтүн бышырып жаткан экен.

-Мыкы, турагой балам малдарың ачка болду, эртең мененки жем-чөбүн бер маарап-мөөрөп жатышат, – деди апам.

-Мм азыр, бираз жата турайынчы апа.

-Тур балам элдин балдарын карачы эшик-эликти күрөп, малдарын карашып жүрүшөт. Атаң болсо тиги Жамгырчы аба өтүптүр дейт, ошол абаңкына кетти, турагой балам.

Суук кабарды укканда дене боюм суу куйгандай чыйрала түштүм. Жаткан төшөнчүмдү жыйнап, короого кийчү кемселимди кийип сыртка чыктым. Түнү кар жааган экен айлана апапак, бак-дарактар ак тонун кийинишип өзүнчө бир укмуш кубулушат. Талааны таңшыта сайраган боз торгойлор, жазы менен жаны тынбай чырылдаган таранчылар, короонун жанында чачылган жем-чөпкө улам бири конуп, бири учуп жатышыптыр. Мени көрө коюшту окшойт, “дүр” этип ар жактагы бакка барып конуп калышты. Кыштын көркүн карачы өзүнчө эле керемет, үйлөрдүн чатырларында ак пактадай төшөлгөн апапак карлар, моорлордон буркураган көк түтүн обого созолонот.

Асманда топ-топ болушуп учуп баратышкан тоо көгүчкөндөр талааны көздөй учуп баратышат. Күн ачылганына асман көпкөк, бир тутам булут көрүнбөйт. Ары жакта бирдемкени байкап калгандай сагызган шакылдайт. Кичинекей бөбөктөр чаналарын сүйрөшүп тоо тараптагы дөңчөдө чурулдашып ойноп жүрүшөт. Актөш жаныма жакындап келип, бирдемкени туйгандай куйругун шыйпаңдатат.

Короого кирип малдарга бир катар жем-чөбүн салып чыксам, бөбөгүм Айданек чанасын сүйрөп балдарды көздөй жөнөгөн экен.

-Айданек, кызым чайың ичип алып анан бар, – деп апамдын айтканына көнбөй чанасын сүйрөгөн боюнча жөнөп кетти.

-Мыкы кел чай ичели балам, тамак даяр болду.

-Болуптур апа мен азыр, – деп жуунганы жөнөдүм. Апам экөөбүз чай ичип олтурсак, эшиктен атам кирип келди.

-Мыктыбек чайыңды ичтиңби? – ичсең тайыңды току балам.

-Эмне болду атасы, тынчылыкпы деги?

-Кыштоодогу Жамал байкеңди бир-эки күнгө алмаштырып тура тур.

-Койсоңчу, атасы, кайдагыны айтпай, Мыкыш али жаш эмеспи, аска-тоонун этеги, ээн талаа жалгыз тамда коркпойбу?

-Коркпойт, баланы коркутпай жөн олтурсаңчы. Жамал да Жамгырчы абама топурак салып калсын, эртеге укса капа болбойбу. Быйыл онунчуну бүтүрөт, кийинки жылы армияга барат, эркек эмеспи. Сага койсо койнуңдан чыгаргың жок балаңды.

-Барса барып келсин, абысындар кечээ сүйлөшүп, ал баланы да үйлөндүрүп коёлу дегенбиз. Жалгыз баш кыйналып кетти, Кенжегүл өзүнүн айылынан бир сиңдисин тааптыр. Жалгыз бой жубан экен, келсе жолуктуралы, кудай буйруп насип-тузу кошулуп калгысы бардыр…..

 

*** *** *** *** *** ***

 

Жамал байкем кичинесинен эле мал-жанга жакын, үй тиричилигине бышып калган. Онунчуну аяктап аскер кызматын өтөп келгенден бери эле ушул. Жайкысын жайлоого чыкса, кышкысын кыштоодо кыштайт. Кыштоосу да тоонун эле этегинде, ээн, эчким жок жалгыз эле жапыз там.

Жамал байкем Жамгырчы чоң атанын экинчи аялынын ээрчитме баласы. Карыганда ал-күчтөн тайдым балам, эми калган мал-жанды өзүң кара, – деп аскердик кызматты өтөп келгенден кийин үйлөндүрүп кыштоого көчүрүп келген.

Илгери Жамгырчы ата менен кошо жети-сегиз үй өзүнчө бир айыл болуп түтүн булатышчу. Согуш аяктап, Совет доору чыңала баштаганда элди ылдыйлатып көчүрө баштаган. Ошондо да мал-жаным менен кайда бармак элем, – деп Жамгырчы ата болбой калып калган экен. Эл көчкөндөн кийин да Гүлсүн чоң эне менен он беш жылдай өздөрү түтүн булатышыптыр. Анан ушу Жамал байкем эр жетилгенде эл аралап ылдыйлашкан экен.

Жамал байкем Жибек жеңем экөө он эки жыл бирге казан асып, бала жытын жытташпаптыр. Ортону бала жакындатат эмеспи, акыркы күндөрү казан-аяк көбүрөөк кагышчу болгон. Акыры ажырашып тынышты. Арадан үч жыл өтсө да Жамал байкемдин эч кимге көңүлү чаппай жүрөт. Жибек жеңем алысыраак айылдардын бирине турмушка чыккан экен балалуу болуптур деп уктук…..


*** *** *** *** *** ***


Жаман чапанымды кийип, тайымды токуп жатсам, көчө жактан Айданектин ыйлаган үнү угулуп калды. Эмне болгон экен деп, утурлай көчөгө чыксам, бүт үстү-башы кар, чанадан жыгылыптыр. Астынан тосо барып көтөрүп келдим, чанасын сүйрөп.

-Эмне болду, – десем, чанадан жыгылдым, – дейт ыйлап.

-Эрте менен турганда чай ичпесе ушундай болот, – дедим. Жакшы кыздар тамактанып алып анан ойнойт, чанасын карайт, анан чанадан жыгылбайт, – десем, мен да эми жакшы кыз болом, – дейт көзүн жашын сүртүп.

Аңгыча апам чыгып Айданекти өзүнө алды. Мен короодо токулуу турган тайга карай бастым. Атам өтүгүн кийип жатып, – абайлап этият болгун, талаада ит-куш көп, малдарына жем-чөбүн убагында салгын, – деп эскертти.

-Жалгыз өзүң коркуп калба Актөштү ээрчитип ал, – деди апам. Өз атын укканда кулагын тикчийте калчу Актөш, ордунан атып жаныма келип куйругун шыйпаңдатып даяр туруп калды.

-Тайды чамдап бастырып, батыраак барганга аракет кылгыла, кыштын күнү күн кыска, бат эле кеч кирип калат, – деди атам.

-Макул ошентем, – деп тайды теминтип тоону көздөй жөнөп кеттим…..


*** *** *** *** *** ***


Жаздын жыты жыттанганы менен, тескейдеги карлар толук кете элек. Жаздын көркү болгон байчечекей жадырап, түзөңдөргө жайнап чыгыптыр. Түгөйүн издеген булбулдар миң кубулуп безеленип, жазга өзүнчө көрк берип шаңга бөлөгөндөй. Тоо этегинде торгой сайрап үнү басылбайт. Эрте жазда таза аба, арчанын буруксуган жытын айт, көңүлүң сергип, толкуйсун. Жаздын күнү жаш бала дегендей, бирде жаркып күлсө, бирде жаш баладай жашын төгөт. Жашып жааган жамгырдан жашынып, арчанын түбүнө кире качканбы кекилик, чилдери?

Эте жаз, күндүн көзү ачылбай ак жаанга айланганына мына бүгүн төрт күн болду. Бурулча күймөнүп күндөгүдөн башакча, таң атпай туруп камыр жасап, башы-көзүн жууп-тарап конок күтчүдөй болуп.

Мал-жанын карап, чапанын эшиктин керегесиндеги илгичке илип, чайга олтурган Карыпкул кемпиринин күйпөлөктөп жүргөнүн байкады.

-Ээ кемпир жайчылык элеби?

-Бүгүн бираз тынчым кетип турат, чайды ичип алып мал-жандан кабар ал чал, жылкылар эки күндөн бери көрүнбөйт. Дайра бойлоп эле жүрчү эле жаныбарлар.

-Өзүм да бүгүн көрүнбөгөнүнөн кабар алайын деп жаттым эле. Бул жакта от түгөнүп калгансып тоо таянып кеткендерин карачы.

-Менден кабатыр болбо чал, мен өзүмчө жайланышып алайын аман-эсен, түш оогондо кел, – деди Бурулча Карыпкулга.

Карыпкул таягын алып тоо таянып өр тартып жөнөдү. Жай жааган жамгырдын аягы басылчуудай эмес, майда себелеп жааган жамгыр төрт күндөн бери ак жаанга айланды. Каңылжырды жарган арча жытынан көңүлүң көтөрүлөт. Бадал арасынан учкан кекиликтери, топ-топ болуп үйүрүнөн бөлүнбөгөн чилдери тоонун көркүн ачкансыйт. Аркайган сороң таштарда конушуп алып, каркылдаган каргалар ары-бери учушуп, кыштын кеткенинен кабар бергенсийт. Күндүн көзү ачылбай, тынбай жааган жаанданбы?, – кучагын жайган аскалар, коюну кенен чалкыган тоолор, коёну толгон кокту-колоттор, дайрасы шарпылдаган капчыгайлар, ак калпагы башынан түшпөгөн аппак чокулар жаздын келгенинен кабары жоктой мемирешет.

Карыпкулду алыстан көргөн киши, кырктын кырындагы кырчындай жигит деп баа бермек. Арча-бадалдуу кадуу жол менен өр тартып, тайгандай эле желип-жортуп баратат. Колунда табылгыдан жасап алган кызыл таягы, Карыпкулга дем-күч берип жөлөп таяп келет. Үстүнө таштаган булгаары кемселин жайын-кышын түшүрбөйт. Кышында жылуу болсо, жайкысын салкын болот. Жаанчыл жазда капшырып кийип алса жамгыр өтпөйт. Кемпири Бурулча кийиктин тээрисинен ийлеп, өзү кооздоп тигип берген. Башындагы малакайы да ушундай эле териден ийленип жасалган. Бутунан керза өтүгүн түшүрбөйт, козунун куйругуна казандын көөсүн аралаштырып майлап койсо, күнү бүгүнкүдөй жаңыдай жалтырап калат.

Карыпкул алтымышта болсо, Бурулча кырк беште. Жаркылдап сүйлөп, маанайы ачык жайдары мүнөз Бурулча он беш жашында Карыпкулдун колун кармаган. Ошондон ушул күнгө чейин Карыпкулдун оту менен кирип, күлү менен кошо чыгып бирге казан асып келишет. Алтымышка чыкса да өзүн тыкан, таза алып жүрөт. Карылыка алдырып сакал-мурут коё элек. Кемпири Бурулча экөө отуз жылдан бери бирге түтүн булатышат. Ушунча жыл өмүр сүрүшүп алты перзенттүү болушуп, алардын бирөөсү да турбаган экен. Жаратканга жалынып жалбарып, ырым-жырымдап барбаган кожо-бакшысы калган жок. Сыйынбаган мазары, кыдырбаган базары калбады.

Мына бүгүн да Бурулча өзүн коёрго жай таппай күйпөлөктөп жүргөнү ошондон. Бурулчанын жалгыз калгысы келгени да ушундандыр, эшикти ичинен илип, кара эшектин токум төшөнчүлөрүн жайып салып, даярдык көрө баштады…..

Карыпкул өр тарткан жылкыларын кайдан издээрин да жакшы билчү. Анткени кулун кезинен ушул жайытты байырлаган карт бээлердин кандай чөп жеп, кайдан суу ичээри да Карыпкулга маалым эле. Барса ушул Таш-Булактын төрүндөгү тегиздике барышат, болбосо Түнт-Ойдогу белестен табат. Үйүр алган жылкылар алыс кетишпейт.

Тоонун башына чыгаарда Карыпкул басыгын акырындатып, кулагын түрө басты. Ушул убакта туяктардын дабышы же жылкылардын кошкурганы угулуп калчу эле, суунун шарынан башка дабыш угулбайт. Дөңсөөгө чыгып айлана-чөйрөгө көз чаптырып, көчүк басып олтура кетти. Майда себелеп жааган жамгыр Карыпкулдун жүзүнө тамчылап жууп жатты. Ак мөңгүлүү аска зоолуу тоо жактан келген мелүүн соккон желдин жытын карачы, Карыпкул моокуму кана кере-кере жутуп жатты. Арчанын учуна конуп алып, каркылдаган карганын гана үнү угулат. Таш-Булактын шаркыраган дабышынан башка канаттуулардын мукам, созолоно сайраган үндөрү угулбагандай. Алар да жаандан жашынып, күндүн жаркырап тийишин күтүшкөндөй сезим калтырат.

Карыпкул келген жагына кайрылып карап, жети түтүн жашаган айылдагы үйлөрдүн моорлорунан булаган түтүндөрү көзгө элес-булас көрүнгөндөй. Шарпылдап аккан дайранын аркы өйүзүндө үч үй, берки өйүзүндө төрт үй коңшу жашашат. Ортолорун бириктирген бир кыйма көпүрөө, кыйма көпүрөө дегени, – дайранын жээгинде өскөн чоң бака-теректи аркы өйүзгө карай оодарышкан, анан балталап-тешелеп жатып үстүңкү бетин тегиздеп алышкан. Ушул көпүрөө аркылуу мал-жан, ал-акыбал сурашып кабарлашып турушат.

Карыпкул өзүнүн үйүнө көз салды, моордон түтүнү даана буркураганы көрүнүп турат, демек кемпири эми эле мешке тезек калаган. Эрте менен жасаган камырын жаап жаткан го, – деп болжоду ичинен.

Ары жак бери жагын байкаштырып, жылкылары Таш-Булактын түзөңүндө көрүнбөгөнүнөн, Түнт-Ойдо экенине көзү жетти. Бираз эс алып калган экен, эми эле ордунан козголуп тураарда алыстан карышкырдын уулуган үнү угулду. О үнүңдү урайын сенин!, – деп селт этип чоочуп кетти да, Түнт-Ойду көздөй бачымдап жөнөдү. Мындайда жолдун арбышы тозоко айланат эмеспи, канчалык чамдаса да кыбырап кыр ашпай койду. Астынан бир эле арча-бадал, оркойгон кара таштар, окшош шилби, бадамдар кайра-кайра эле чыгып, бир эле жерди айланып жаткандай туюлду. Бала кезинен бул жолдордон канча ирет каттап, коён жатагына чейин жатка билчү. Түнт-Ойго жакындаган сайын жүрөгү түрсүл согот, көзүнө жылкылары элестеп, астынан учкан кекиликтерге да көңүл бурбады. Ишенген жарагы колундагы кызыл таягы.

-Аман-эсен эле болсо экен, – деп ойлонуп келе жатып алдынан кызыл түлкү булаң этип качканда чоочуп кетти.

-Каргашадай болгон касаба, – деп сөгүнүп алды өзүнчө.

-Кызыл түлкү азгырат дечү эле, түз эле жолумда келе жатамбы? – деп алды-артыны каранып да коёт.

-Кантип эле азгырсын, бала кезимен ушул сокмо жолдордо ары-бери чуркап чоңойсом, – дейт өзүн-өзү соорото.

Кыбырап олтуруп кыр аша турган болду, дагы бир эле теминсе белеске чыгат. Эрте менен асканын үстүн баскан туман акырындап ылдыйлай баштады. Жылкыларга батыраак жетип артка кайрыбаса, туман каптаган жоодой, бат эле басып келет.

Туманда азыткы болот, алар туманда жашайт, – деп бала кезде уккандары аргасыздан эске түшөт.

Шашкан бойюнча белеске да чыгып барды. Элеңдеп ары-бери карап, тээ алысыраакта оттоп жүргөн жылкыларын көрүп Карыпкулдун жүзүнө кызыл жүгүрдү. Кырр-рруу, – деп каттуу кыйкырды эле, тору бээ кулагын тикчийтип башын көтөрүп Карыпкулду карап калды. Калган экөө да баштарын көтөрүшүп үн чыккан жакты карап калышты. Эми эле чыккан көккө тоё элек жылкылар кайрадан оттоп киришти. Кыйкырганга көнбөсүнө көзү жетткен Карыпкул ылдыйлап жөнөдү. Өр тартканга караганда ылдыйлап басканга кыйын болду, кээде тайып жыгылып да кетет. Колундагы таягы мындайда чоң өбөк-жөлөк болду.

Карыпкулду көрөөрү менен эле, эмнеге келгенин картаң бээ айттырбай туйган. Жамгырдын жааганына карабай кошкуруп, бышкырып жылкылар оттоп жатышты. Качан гана Карыпкул жакындап барып, бел курчоосун таягынын учуна байлап, ары-бери желбиретип кыйкырганда, тору бээ жол баштап келген жолуна түшүштү. Артынан Карыпкул кыр-руу, кыр-руулап жылкылар көрүнбөй калганча бир кыйла жерге чейин кыйкырып келди.

Тайды улам теминтип, Актөштү ээрчитип алып айланага көз чаптырып келе жаттым. Түнү менен жааган кар күндүн нуруна чагылышып, көздүн жоосун алат. Айлана апапак, ак тонун жамынып учку-кыйыры көрүнбөгөн талаалар. Түлкү, коён байырлаган дөңсөө адырлар, арча токоюн кучагына камтыган тоолор, аскасы асман тиреп жаткан зоолор, мамыктай болгон аппак карга оронуп мемиреп уктап жаткандай. Тоо жактан соккон ызгаар шамал жүзүмдөн сылап, аймалап мени менен саламдашып жаткадай. Күн ачылганына бир топ эле суук, тайдын таноолорунан чыккан буудан күндүн суук экени көрүнүп турат. Жаратылыштын, айрыкча кыштын көркөмдүгүн, сулуулугун сүрөткө түшүрүп, сөз менен айтып бүткүс.

Жарым сааттай жол жүрүп, адырлар бүтүп тоо таяндым. Кашка тай кар жиреп, жол ачып баратат, артыбыздан калбаган Актөш куйругун шыйпаңдатып, бирде артта калса бирде жетип келип, тайдын изи менен келе жатты. Тоонун этегине жетээрде алдыбыздан бир ак түлкү жылт койду. Көрөөрүм менен тайды үстөкө-босток камчылап, Актөштү айдактап кууп жөнөдүм. Тайдын изине түшүп алып келе жаткан Актөш, түлкүнү көргөндө эле бизден алда канча астыда кууп жөнөдү. Түлкү куулугуна салып буйтап качып баратты, Актөш артынан калбай ат чабымдай жерге кууп кетти. Алар ылдыйлап кеткендиктен Актөш эле Актөш, ал эле ал, – деп айдактаган боюнча дөңсөөдө кала бердим. Экөө тең көрүнбөй калышты. Бир убакта аркы беттеги жанбоордон түлкү өзү качпай эле жай чуркап баратат. Алжактап арт жагыны каранып коёт. Эмне болду экен деп, чыдамым кетип, чый-пыйым чыгып кетти. Экөө кубалашып кеткен тарапты көздөй, тайымды теминте шашып жөнөдүм. Актөштүн үргөнү эле угулат, өзү көрүнбөйт. Жакын бастырып барсам кулагы менен куйругу эле калыптыр. Түлкүнү кууп баратып буйтап кеткенде, Актөш түз эле гүрткүгө кирип кеткен экен. Жакын барсам мен да түшүп кеткидеймин, тайдын чылбырын узартып, бир колум менен чылбырды кармап, экинчи колумду Актөштүн куйругуна создум. Жетип кармап, чү-чү жаныбар, – деп чылбырды жулктум эле, кашка тай экөөбүздү тең бирдей гүрткүдөн сууруп кетти. Жетпей калганына ызаланып Актөш тоо жакты карап кыңшылап үрүп-үрүп алды. Кар болгон үстү-башыбызды кагынып алып, Актөш кашка тай үчөөбүз андан аары жол уладык…..

*** *** *** *** *** ***

Күндүн көзү көрүнбөйт, дыбырап жааган жамгырдын басылаар түрү жок. Күн жылт этсе эле чөптүн өсүмү да көтөрүлүп, көктөн мал-жан оозанмак. Жамгырдын шыбыртынан башка дабыш угулбайт, айлана жымжырт.

Жылкылар үрккөн боюнча дүбүртү угулбай калды. Карыпкул жылкыларынын артынан акырын ылдыйлап жөнөдү. Жылкыларын кайрып көңүлү тынч алган Карыпкул, – эми кемпири Бурулча жөнүндө ойлоно баштады. Кантти экен, толгоо тартып жатабы, эсен-аман көз жарып алса экен, эмне болуп кетти, – деген түрмөктөлгөн ойлор биринен сала бири чубуруп жатты.

Ушинтип түрдүү ойлорго чөмүлүп ойлонуп келе жатып, сороң таштын коңулуна көчүк басып олтура кетти. Асман көрүнбөйт, кара булут таркабай, тыпылдап жааган жамгыр өтмө катар өтүп, сууга салган мышыктай эле шөмтүрөп кетти.

Бурулча экөө сүргөн ушул өмүрүн көз алдынан өткөрүп; – эмне жасадым, эмне кылдым, кантип, качан кудайдын каарына калдым эле, эмнеден жаздым.

Тагдыр мени неге мынча калчадың,
тирүүлүктүн тозогуна каптадың,
калагы жок көк деңизге таштадың,
картайганда айтчы неге аксадым,
жаралдым да неге тамыр чачпадым,
оо жараткан алчу болсоң мени ал,
периштедей дили таза,
тагдырыма таш балтаңды чаппагын,
бир сураарым үмүтүмдү актагын, – деп көзүнүн жашын кылгыртып ыйлап жатты.

Канча олтурганын ким билет, бир убакта күүлдөп, шуулдап келип эле Карыпкулдун жөлөнүп олтурган таягына урунуп өтүп, этегине бир кекилик кире качпаспы. Артынан кууп келген кыргый Карыпкул коңулунда олтурган сороң ташка урунуп кете жаздап, кайра кайкып кетти. Кыргыйдын чеңгелине чала илинген экен, кекиликтин жүндөрү тозуй түштү. Ойлонуп олтурган Карыпкул, эмне болуп кетти, – деп түшүнбөй да калды.

Карыпкул астынан кекиликти акырын абайлап сууруп чыгып караса, төшкө тепкенби же кыргыйдын тырмагы киргенби, бираз канап турат. Жүрөгү түрсүлдөп соккон менен көзү ачылбайт, байкуш коркуп калган окшойт. Эсине келээр деп бир топко дейре кармап олтурду, акыры болбогонунан макисин алып мууздап койду.

Кудайым берет деген ушул да, ойлонуп барып олжолуу кайттым, кемпириме алпарып сорпо салып берейин, – деп жаш балача кудуңдап алды. Колуна ак куш келип конгондой, табылгасын жакшылыка жооруп көңүлү жайлана түштү. Дагы бир саамга олтурду да, кудай берген олжосун алып, акырын басып ылдыйлап жөнөдү.

Кыштоого карай оогондо эскилиги жетткен тамдар даана көрүндү, тамдарга жакын дөңсөөлөрдө он-онбештен болуп ар-бир түтүндүн жандыктары жаанга карабай жайылып жүрүшөт. Коңушулары күнүмдүк тиричилик менен, кирип-чыгышып алек. Дайранын жээгинде жылкылар оттоп жүрүшөт. Карыпкул эми өзүнүн короосуна көз жүгүрттү, түш ооп калгандыктан эрте менен айдаган жандыктары короого жакындап түшүп келишиптир. Эшик-эликте эч ким көрүнбөйт, Бурулча бул убакта мал-жанга көз салып каралашмак, Карыпкул талаалап кеткенде өзү эле карайт эле. Жаштайынан мал-жанга аралашып өскөн Бурулча, эс тарткандан эле уй саап, бээ саап чоңойгон. Короо-жайга каралашып, үй жумушуна бышып бүткөн. Колунан көөрү төгүлгөн уз-чебер, жайкысын шырдак шырып,таар соксо, кышында оймо оюп, сайма сайчу. Кыштоонун эптүүсү да, септүүсү да Бурулча эле.

Карыпкул эми бачымдады, эртерээк жетип короо жайды карайын, жем-чөбүн салып, малдын астын тазалайын, – деп шашып жөнөдү. Үйүнө жакындаган сайын жүрөгү дүкүлдөп элеп-желеп болуп, өзүн башкача сезе баштады. Сүйүнгөнүбү, ызаланганыбы өзү да билбейт, бир кадам астыга таштаса, эки кадам артка баскандай ордунан жылбай койду, шашканда жол арбыйт болуп.

Кыбырап жылып кыйма көпүрөөгө келди, күн сайын өтүп жүрчү көпүрөөдөн калчылдап башы айланат. Көзүнө көпүрөө эмес, суунун шарпылдаган шары эле көрүнүп туруп алды. Оңдой берди болуп, коңушусу Жоломандын уулу Медер аркы өйүздө келе жаткан экен, колунан жетелеп өткөрүп койду.

-Ракмат балам, өмүрүң узун болсун, эр жетип чоң жигит бол, – деп алкышын айтып.

-Жоломан кандай жакшы олтурабы, апаң да жакшыбы?, -ии баса ме мобуну инилериңе сорпо салып бер, – деп койнундагы кекиликти сунду.

-Оо Карыпкул чоң ата сиз кайдан, ууга чыккансыз го?

-Карыганда кайдагы уу балам, жорткондун жолу болот эмеспи, жылкыларды айдап түштүм жогортон.

-Ракмат Карыпкул чоң ата, – деп Медер үйүн көздөй чуркап кетти.

Карыпкул шашып-бушуп үйүнө жетип, түз эле короого кирип, күн сайын жасачу жумуштарына киришти. Эмне кылып жатканын да билбеди, көнүп калган күнүмдүк жумуштарын колдору өзү эле жасап жаткандай. Малдардын астыларын куруктап, кечки жем-чөбүн даярдады.

Бир-эки жеринен эле тамчы өткөн жери болбосо, короо анча деле балчык эмес. Жазында дайранын жээгинен оруп келген камыштардан кынап-тизип, үстүнө топурактан бастырып жакшылап чатыр жасаган. Жыл сайын ушинтет, антпесе эскирип чирип калган камыштан жамгыр өтүп кетет.

Үйгө киргенге жүрөгү даап кире албай жүрө берди, терезенин жанынан өтүп баратып ыңаалаган наристе үнүн укканда дүйнө аңтар-көңтөр болуп кеткенсиди. Көкүрөгүн жарып чыкчудай, жүрөгү жулунчудай түрсүл согуп, көзү караңгылай түштү. Каккан казыктай кадамы баспай катып калды, колундагы айрысына жөлөнүп көзүнө жаш тегеренип кетти.

Оо жараткан алчу болсоң мени ал, кулунума тийбегин,
Оо жараткан чапчу болсоң мени чап, кундузума тийбегин,
Оо жараткан жутчу болсоң мени жут, туйгунума тийбегин,
Оо жараткан жанччу болсоң мени жанч, туягыма тийбегин, – деп жаратканга жалбарып, көзүнөн жашы кылгырып короо айланып жүрө берди. Эчкилери келбегенде дагы канча жүрөт эле жаанда, ким билет. Эчкилерин короого камап, улактарын башка бөлүп жайгарды. Жалгыз уйу бул жылы кысыр калып, эчки саап ак ичишүүдө. Беш сүт берчү эчкиси эки кесе сүт берет, калган онун саабайт, алардан сүт деле чыкпайт, улактарынан артпайт.

Жем чөбүн берип, байлачусун байлап, баарын жайгаштырды. Бираз көңүлү тынчып жеңилдей түштү. Үйгө даап кире албады, жүрөгү сыздап, жүлүндөрү зыркырайт, түрсүл согуп, жарылчудай чыркырайт. Булгаары күрмөсүн чечип, короого кийчү чапанын кийди да, короонун төрүндөгү төгүлгөн саманга кыйшая кетти.

Бурулча эрте менен жасаган камырын казанга калама нан бышырды. Очоко оттон улуулатып жагып, эми даярдыгын көрө баштады, толгоосу бирде күчөп, бир эле тарап кетет. Ошентип ары барып, бери келип жатып, төрт саат толгоо тартып, түш оогондо балканактай эркек бала төрөдү. Киндигин өзү кесип, жууп-нетип, ороп-чулгап көнгөн ата-бабалардын салтын, ырым-жырымдарын жасап жатты.

Бурулча да сезип жатты Карыпкулдун кандай акыбалда жүргөнүн, жүрөгү ооруп аяп жатты, жүрөгү канап жатты. Баш-аягын жыйнап Карыпкулду качан кирип келээр экен деп күтүп жатты.

Саманга башы тийери менен эле көшүлүп уйкуга кетти Карыпкул.

Түш көрдү, түшүндө ак күрмөчөн, жылаңаяк талаа кезип чуркап жүрөт, бир демкени кууп жүрөт, жетпей жүрөт. Бир убакта күүлдөп-шуулдап көктөн чоң бүркүт Карыпкулду кууп жөнөдү, качып баратат, ээн талаа эрме чөл, жашынарга бир тал шыбак чырпык жок. Ыйлады, боздоду аны уккан эчким жок. Кууган бүркүт канат жайып кайкып келип тырмак саларда, күн күркүрөп, чагылган жаркылдап келип учкуну бүркүткө келип тийет, кара бүркүт ак кушка айланып Карыпкулдун колуна келип конуп калат.

Чоочуп ойгонгон Карыпкул самандан башын көтөрдү, чынында эле күн күркүрөп, чагылган жаркылдап, жамгыр төгүп жаткан экен, Көргөн түшүн жакшылыка жооруп, – малы-жанын, эли-жерин, кемпиринин, өзүнүн, кичинекей ымыркайынын амандыгын тилеп, жаратканга жалбарып дуба кылды. Таң сүрүлүп калган экен, улактары да чурулдап уйкусу ачылып кетти. Эрте мененки жем-чөбүн берип, улактарды агытып жиберди, өзү саамак беле.

Жамгыр дагы деле жаап жатат, басылар түрү жок, эмне кылсам, – деп ары ойлонуп, бери ойлонуп, акырын басып үйгө кирди. Бурулча ымыркайды эмизип жатыптыр, көзү ачылбай аймалап эмчек соруп жатат. Карыпкул чөгөлөй олтура кетти, денесин майда калтырак басып, тамагы буулуп үнү каргылданып кайра-кайра жутунуп алды.

-Кандай эсен-аман эки баш болуп алдыңбы? Өзүң дагы жакшысынбы? Бала кандай?, кыйналдыңбы?, – деген суроолорду биринин артынан бирин берип жатты.

Бурулчанын да Карыпкулду көргөндө тамагы буулуп сөз айталбады, көзүн ирмеп, башын ийкеди, көзүнөн жашы кылгырып. Бул көз жаш, – сүйүнүчтүн, кубанычтын жашы эле. Бул көз жаш, – коркунучтун, өкүнүчтүн жашы эле. Бала жытына мас болуп мемиреп жатткан кези эле.

Мурдулары барбайып Карыпкулдун эле өзү, кашы-көзүнүн каралыгы да, өңү-түсү да куюп койгондой оп-окшош. Көзү ачылбай уйкуда, эмшиңдеп эриндерин соргулайт.

Карыпкул даарат алып, азан чакырып, күндүн көзү көрүнбөгөн жамгырлуу, жаанчыл күнү жарыка келди, аты Жамгырчы болсун, – деп перзентинин атын Жамгырчы койду.

Кемпир сен ширин чайың даярда, мен коңушуларга сүйүнчүлөп, чайга чакырып келейин, – деп жаш балача шашылып эшике жөнөдү. Аркы өйүздөгү досу Ташбалтага биринчи сүйүнчүлөйүн деп чечти, кечээки башы айланган кыйма көпүрөөдөн так секирген улактай эле чуркаган боюнча өтүп кетти.

Ташбалта, оой Ташбалта, – деп алыстан эле кыйкырып да, чуркап да баратат. Малдарына жем-чөбүн салып жүргөн Жоломан көрүп таң кала, – ээ Карыпкул аба тынчылыкпы?, – деп астынан утурлай басты.

-Сүйүнчү бер Жоломан сүйүнчү, – деп энтигип, өпкө өпкөсүнө батпайт.

-Болсун, болсун Карыпкул аба, сүйүнчү сизден айлансын, келиңиз.

-Бурулча уул төрөдү, уулдуу болдум, кудайым берди карыганда, – деп кубанычы койнуна батпайт.

-Ой Саадат, сүйүнчүңдү алып чык, Карыпкул абам уулдуу болуптур, – деп Жоломан үйүн көздөй басты. Аңгыча Саадат да бир чепкенин көтөрүп, бешик бооңуз бек болсун аба, – деп Карыпкулдун үстүн жаңыртып чепкен жапты.

-Кандай Бурулча жеңем эсен-аман көз жарып алдыбы, ден-соолугу жакшыбы, – деп ал-жай сурашты.

-Жакшы айланайын, азыр өтүп ширин чай ичкиле, мен тиги Ташбалтага да кабарлап коёюнчу, – деп досунун үйүн карай басты.

Ташбалта да эрте мененки чурулдашкан Карыпкул менен Жоломандын үнүн укканбы, эшике эми эле чыккан.

-Сүйүнчү дос сүйүнчү, Бурулча төрөдү, – деп алыстан кыйкырып келе жаткан досун утурлай басты.

-Болсун досум болсун, эмне тапты? – деп Ташбалта да сүйүнүп кетти.

-Балканактай бала төрөдү, уулдуу болдум, – деди оозу жайыла сүйүнүп.

-Оозуңа май, бешик бооң бек болсун, өмүрлүү болсун, эстүү болсун, – деп экөө кучакташып көрүшүштү.

-Ай Төлөгөн, сүйүнчүсүнө короодогу козунун бирөөсүн жетелеп чык балам, – деди Ташбалта уулуна. Кемпири Марал да угуп, ак калпагын көтөрө чыгып, куттук айтып Карыпкулга кийгизди.

-Үйгө кирип чай ичкиле, чай даяр, нанга ооз тийгиле, эрте мененки ырыскыдан кайткан болбойт, – деп Марал күйпөлөктөдү. Үйгө киришип нан ооз тийип, чайдан ичишти. Чай үстүндө олтуруп:

– Ээ кемпир сүйүнчүңө мобу ак калпактан көрө тон жаппайт белең, – деди Ташбалта кемпирине тийише.

– Ак калпак, кара тонго караганда алда канча улук турат бай. Саматтын окуучу баласы Боронзодон алып келген экен, жайында бир сокмо таарга айырбаштап алгам, – деди Марал.

-Болуптур мен чыгайын, олтуруп алганымды карачы, кемпириме барып каралашайын, мал-жанга да көз салып, – деп Карыпкулдун кубанычында чек жок.

-Калган коңушуларга сен кабарлап кой балам, – деп Төлөгөнгө карады.

-Болуптур, – деп Төлөгөн ордунан туруп жөнөдү.

Мал-жандарын карап коюшуп, бир нече убакыттан кийин коңушулар Карыпкул менен Бурулчанын перзенттүү болушун куттукташып, ширин чай ичип олтурушту.

Күн да чайыттай ачылып кетти…..

Капчыгайлуу, чалкыган аска зоолуу тоо аралап бараттым, айлана апапак болуп ак карга бөлөнгөн. Чачылган шурудай катар арча-кайыңдар, бадалдар кар жамынып көшүлүп уйкуда жаткандай. Жолду бойлой шаркырап аккан дайра, дайранын жээгинде үйдөй болгон чоң-чоң таштар ар бир жолоочуга жол көрсөтүп тургандай туюлат. Дайранын гана күрпүлдөгөн дабышы болбосо, айлана тунжурап тыптынч. Ушул мемиреген тынчтыкты кашка тайдын туягынын чыкылдаган дүбүртү бузуп жаткандай. Актөш бир калыбынан жазбай желип-жортуп келе жатат, кээде көзүнө бирдемке урунуп калса ошол жакты карап, кулагын тикчийтип үрүп калат. Кашка тай да чарчады көрүнөт, анча-мынча кошкуруп бышкырынып коёт.
Алысыраакта тоо тараптагы чоң кара ташта канаттарын жайып бир ак куш олтурат, биз чукул барып калганда табылгасын чеңгелдеп алып асканы карай учуп жөнөдү. Канаттары калдайып айбаттуу да, сүрдүү да көрүндү. Кара таштын үстүндө калган тоо көгүчкөндүн жүндөрү шамалга сапырыла түштү…
Мына дагы бир айрылыштан бурулсак кыштоо көрүнөт, жакындаган сайын тайды теминтип камчылап коём. Актөш эми астыга түшүп жөнөдү, калган жолду өзүм билем дегендей ат чабым аралыктай узап кетти. Айрылыштан бурула берерде иттердин үргөн ызычуусу угула баштады, Актөш жеткен экен деп болжодум. Мен болжогондой эле Жамал байкемдин эки ити Актөштү алыстан көрүшүп утурлай үрүп чыгышкан экен. Алыстан карарып үйү көрүндү, түтүнү көккө карай буралат, сыягы мешке эми эле тезек калаган окшойт. Улам жакындаган сайын атты теминттим, эски үйлөрдүн ордулары, ураган дубалдары, эски таштан тизилген короонун издери билинер-билинбес болуп көзгө урунат. Качандыр бир убакта кичине болсо да бир айыл эле. Жамгырчы ата бул айылдын аксакалы эле, эл ылдыйлап кеткенде да Бурулча эне экөө калып калышкан. Экөө онбеш жылдай мал-жан багышып, анан ушул Жамал байкеме таштап эл аралап ылдыйлашкан экен. Иттердин үргөнүнөн Жамал байкем да эшике чыккан окшойт, мени күтүп туруптур. Жакындап келип салам айттым;
-Ассолому алейкум!
-Ва алейкум ассолом, кел Мыкы.
-Кандайсыз Жамал байке, мал-жан аманбы?
-Жакшы кудайга шүгүр, олтурабыз кыш менен алышып. – Шашылып келип калыпсын тынчылыкпы, айыл-апа тынчпы?
-Тынч баары олтурушат, – деп алып ойлоно түштүм. Каап жанатан ушул суроого жооп даярдап албаганымды карачы, – деп өзүмдү ичтен жемелеп алдым. Кантип айтсам деп бираз күйшөлө түштүм.
-Айыл-апа кандай, тынч элеби, коңушу-колоңдор, кыштан кантип атасыңар, – деп бир топ суроо узатып жиберди тынчсыздана.
-Тынч-тынч айыл, тууган-урук, атамдар салам айтышты, – дедим шашкалактай тайды байлап жатып.
-Жүр үйгө кирели, үшүп да калыптырсын ат үстүндө, – деп эшик ачты.
Дасторкон жайылып туруптур, казанда сорпо кайнап жатат. Үй ичине бир катар көз жүгүрттүм, үйдүн сол жак киреберишинде маргалан меши, оң жак тарабында чоң кара бүркүттү канаттарын керип кагып коюптур. Сол жак тарабында кичинекей төрт чарчы болгон терезе, төр жагында жүк жыйылып турат.
-Кел Мыкы төргө өт, атың семиз экен, эрте менен ууга чыгып төрт кекилик атып келдим эле, сорпо да даяр болуп калды, – деди Жамал байкем. Мен эмне деп кеп айтаарымды билбей олтурдум. Нандан ооз тийип чайдан ичип олтурдук, сорподон куюп келди.
-Ээ Мыкы жөн-жай келбегендей көрүнөсүн сүйлөй олтур, – деди Жамал байкем.
Жанатан бери эмне деп айтарымды билбей олтурган жаным;
-Жамгырчы чоң атам кайтыш болуп калды, – дедим түз эле башымды жерге сала.
-Эмне, качан?, ой жанатан бери айтпайсыңбы, кой мен даярданайын, сен шашпай ала бер тамактан, – деп шашкалактай эшикти көздөй жөнөдү.
Эртеден бери ат үстүндө жүрүп курсак да ачка болгон экен, кекиликтин сорпосун тамшана ичтим. Сыртка чыксам Жамал байкем короо тарапта күйпөлөктөп шашып жүрөт. Мени көрө коюп, – кел Мыкы короо-жайды көрсөтүп коёюн деди. Кантип жем-чөп саларымды, кайжерде эмне турарын бир катар айтып көрсөтүп берди. Анан үй-ичин көрсөтүп, тамак-ашын дайындап, бир-эки күндө келээрин айтты. Үйдөн чыгып баратып, илинип турган коштукту алып, караңгы кирип көз байланганда бир, кеч жатарыңда бир ок чыгарып кой, ит-куштан тынчырак болот, – деди. Токулуу туган тору айгырын айылды көздөй тизгинин тартты. Жамал байкеме көгөн эки ити артынан аткан октой желип-жортуп жөнөдү. Тоо арасы, ээн капчыгайда Актөш экөөбүз кала бердик.
Үйгө кирип олтура кеттим, бүркүттүн чоңдугун кара, канаттары калдайып айбаттуу да, сүрдүү да көрүнөт. Айбалтадай болгон тумшугу, шамшардай тырмактары буркүттүн сүрү да, жарагы да. Төкөөрүнө караганда үч-төрт түлөк окшойт, бул канжардай болгон тырмактардын чеңгелинен канчалаган тоо жаныбарлары чыгалбай чыйпылдады экен. Жолдо келе жаткандагы таш үстүндөгү ак кушту, анын чеңгелиндеги жүндөрү топондой тозуп алсыз жаткан тоо көгүчкөнүн эстедим. Табигаттын табышмагын карачы, бирин алдуу бирин алсыз, бирин күчтүү бирин күчсүз жаратып, жаратылыштын бири-бирине көз каранды болуп жаралганын. Бул кыраан бүркүт канчалаган бийиктикти багындырып, канча жаныбарларды алып, канча шаңшыды экен. Эми мынтип жепирейген жапыз тамда канаттары калдайып кагылып турат. Дубалда илинип турган коштука көзүм түштү, акырын алдым да ар жак бер жагын кармалап көрдүм, октолуу даяр туруптур. Жанындагы мыкта парады илинип турат, санасам жети огу бар экен, коштуктагы менен тогуз ок.
Эшике чыгып айланага көз чаптырдым, үйдөн анча алыс эмес жайгашкан короо жайы, анын ар жагында кышка камдалган чөбү үйдөй болуп үйүлүп-жыйылып турат. Айланасы жыгыч тосмо менен курчалып тосулган, ичинде он-онбештей улактар чурулдашып так секирип жүрүшөт.
Күн чайыттай ачык, күмүштөй болгон аппак кар күнгө чагылышып көздүн жоосун алат. Тоонун тескейиндеги кар жамынган арчалар мемиреп тынч уйкуда жаткандай. Күнгөй тарабы ала-чоло карарып, шилби, карагат, арча бадалы карларын кагынып баш көтөргөндөй. Үйдөй болгон сороң таштар кулап кетчүдөй болуп ылдый карашат. Сайдан жайы-кышы токтобогон Таш-Булактын суусу муз астында шылдырап берметтей куюлат. Арча жыттанган абанын тазалыгын карачы, көкүрөгүң кере жутсаң да моокумуң канчудай эмес.
Жамал байкем айткандай короо жайын жыйнап, жем-чөбүн бердим. Көз байланганда ит-куштан сактанып коштуктан тоо жаңырта ок чыгардым. Үйгө кирип мешке тезектен кеңири калап чай ичүүгө камдандым. Кекиликтин сорпосунан калган экен, өзүмдөн артканын Актөшкө да куюп бердим. Таш чырактын үлүңдөп күйгөнү үй ичине араң эле жарык берет. Терезеден тийген айдын жарыгы да таш чырактан алда канча жарыгырак. Тоодо карышкыр болоорун, алар ачкалыктан адамга да кол саларын, жаш кезимден эле угуп, билип келгем. Бөрүлөр бир гана октон коркорун эстегенимде илинип турган коштука көзүм кадалды. Акырын туруп барып коштукту алдым да жаныма коюп жаттым. Бөрүлөр келсе кантип атарымды элестетип, түрдүү ойлорго чөмүлүп жатып уктап кеткен экенмин, көзүмдү ачсам терезеден күн жаркырап тийип калыптыр.
Эчкилерге короонун сыртына чөп чачтым, уйларды күнөскө байлап от салдым да астыларын куруктап Жамал байкем айткандай баарын өз ордунда аткардым. Өзүм да өзөк жалгап алган соң, улактарын энелеринен бөлүп, эчкилерди күнгөй тарапка айдап койдум, бираз болсо да буту-колун жазып, кырчын жеп келишет. Күнгөй тараптан кекиликтин сайраганы даана угулуп турат, эчкилерден үркүп пырылдап учушуп таштан-ташка жашынышат.
Үйгө кирип жата кеттим, кайра эле көзүм коштука кадалды, кармалап олтуруп эшике чыктым. Алысыраакта арчадан арчага учуп-конуп сагызган шакылдап жүргөн экен, мээлеп туруп басып калдым. Мен көздөгөн сагызганга тийбей эле жанаша өскөн арчанын кары күбүлүп, тозуп калды. Токтой тур сени элеби, мен көздөп болжогонума атып тийгизишим керек, – деп көктүгүм кармап калды. Үйдөн обочорок барып жыйырма кадам арыштап, таштын үстүнө соройгон таш коюп келдим. Биринчи атканымда кайда кеткенин, кайда тийгенин да көрбөй калдым, койгон ташым турат соройуп. Кайра октоп, кайра мээлеп туруп бастым эле чоң таштын оң жак капталы тозуй түштү, ташым турат дагы эле. Кайра аттым эле арыдагы арчанын бир шагы кайрылып сынып түштү.
Эмнеге тийбейт, – деп өзүмө-өзүм кыжырданып сүйлөнүп коём. Кайра-кайра аткылап жатып акырында көздөгөн ташым жок, тийиптир, сүйүнгөнүмөн чуркап барып карасам эки метрдей арыда жарымы жок жатыптыр койгон ташым. Тумагымды көккө ыргытып кубанычымда чек жок, душманды аңтара аткандай карга чалкаман түшүп жата кеттим. Энтигип дем алып тердеп да чыгыптырмын. Көктү тиктеп канча жаттым ким билет жакын эле жерден жорулардын айланып учуп жүргөнүн көрдүм. Эмне балекет болгон, жөн жерден айланбайт булар, – деп одуман турдум. Эчкилерди айдаган күнгөй тарапта бирдемке болгонго, – деп шашып-бушуп кагынып, коштукту артынып үй жакты карай бастым. Парадды карасам бир да ок жок, коштукта да калбаптыр, акыркы огум тийген экен. Эми эмне болот, – деп бир азга ойлоно түштүм. Эмнеси болсо да көрө жатарбыз, шашкан боюнча жорулар айланган тарапты көздөй өр тартып жөнөдүм. Бираз баспай эле өпкөм көөп кышылдап-бышылдап калдым, өзүм араң баратып коштукту артынып алганымды карачы, же огу болсочу, – деп өзүмдү өзүм жемелеп алдым. Тырмыштап жатып чыгып бардым, чоң кара эчки эгиз төлдөгөн экен, бири сууктанбы айтор өлүп калыптыр, бири араң эле энесинин эмчегин аймалайт. Улакты койнума каттым да үйдү көздөй жөнөдүм эле, кара эчки да артыман ээрчип алды.
Үйгө алып келип мештин жанына койдум, бир аздан соң жандана түштү анан энесине алпарып кошуп койдум эле, жан талашып эмчек аймалап соруп кирди. Эрдик жасагандай өзүмчө шердене түштүм…..
Кеч кирген сайын түрдүү ойлор түйшөлтө баштады, мал-жайды орду-ордуна жайгаштырып жүргөнүм менен оюм башкада. Негедир бир башкача ойлор, сезимдер жүрөк туйлатат. Адам баласына инстинг боюнча жаралган жетинчи туюм тамыр тартып, бир балээден кабар бергенсийт. Тамагым буулугуп көз жашым тегеренип, таарынгым келгенсийт кимгедир. Актөштөн бөлөк сүйлөшөр, дартымды угар эчким жок. Ата-энемден алыс чыкпай талаа көрбөгөн жаным кыйналып кеткендей болдум. Бөбөгүм Айданекти эстегенде көзүмө жаш тегеренип кетти. Кантти экен, ыйлаган жокпу, курсагы ачпы токпу чанасын сүйрөп жүргөндүр, – деген ойлорго чөмүлө түштүм. Үйгө киргим келбей короо жакта түйшөлүп бир топко чейин жүрө бердим.
Же теле, же радио болсочу, үлбүл жанган таш чырактын жарыгы үй ичин араң эле жарытат. Күн бүркөө болгонго Ай да көрүнбөйт. Эшиктен тоо жаңырта үргөн Актөштүн үнү эле угулбаса, айлана жымжырт. Бүгүн тоо жаңырта ок да чыгарбадым, күндүзү душманды аткандай кайра-кайра аткылап жатып окту да түгөткөм. Үй ичин бир катар карап чыктым, ок таппадым, бир түйүнчөктө порох экинчисинде коргошун чачма, үч-төрт гильза бар экен, же ок жасаганды билсемчи. Коштуктун сүрү өзүнчө бир башкача дем-күч бергенсийт, төшөгүмдү салып жаныма жарак кылып ала жаттым…..

*** *** *** *** *** ***

Атасын жерге берип, эки күн өткөн соң жеңелери Жамалды кепке тартты;
-Кыштоодо жалгыз тоо-таштын этегинде бир баш кыйналып да кетиптирсиз, Кенжегүлдүн айылдаш сиңдиси бар экен, жакшы жер дейт, өзү да айрым-ачык түйшүкө бышкан жакшы кыз экен, ошол кызды көрө кетсеңиз кантет, – деди чоң жеңеси сөз баштап. Башын жерге салып олтурган Жамал, олтурган калыбынан жазбады.
-Жибек жакшы келин болчу, кызматты катыра аткарган, иши да, сөзү да төп келишкен жан эле. Кудайым силерден бир перзентин аядыбы билбейм, жакшы эле очор-бачар жашадыңар эле, эми мынтип жолуңар эки башка экен, – деп экинчи жеңеси сөзгө аралашты.
-Эки күндөн бери мал-жан эмне болду, Мыкы жалгыз кантип жатат, мен бүгүндөн калбай кыштоого чыгып кетпесем болбойт.
-Бир күн миң күн болбойт, эми кетсеңер качан келесиңер ушуну менен, – дешип жеңелери туш тараптан чурулдашып киришти.
-Болуптур-болуптур, силер айткандай болсун, качан көрөбүз анда, – деди Жамал жайдарылана.
-Мен азыр эле жөнөймүн, барып билип кабарын айтам, – деди Кенжегүл шашкалактап.
Жеңелери менен өткөн-кеткенден кеп козгошуп, чайдан ичишип бир топ олтурушту, кыш бекерчилик эмеспи. Арадан үч-төрт саат өткөндө Кенжегүл келди, көңүлү жайдары иш оңунан чыккандай.
-Эмне болду, мынча жок болдуң, боло турганбы деги, – деп жеңелери ар тараптан суроо жаадырып киришти.
-Кудай буйруса болчудай эле, айтып-нетип жатып араңдан көндүрдүм, бүгүн кечинде апамдардыкынан жолукмай болдук, – деди Кенжегүл.
-Ой жеңе түн каткан бөрүдөй болбой күндүзү эле барсак болбойбу?, – деди Жамал шайырлана.
-Күндүзү кантип болсун, коңшу-колоңдор көрсө эмне дейт, уят эмеспи, – деп Кенжегүл Жамалдын жанына олтура кетти.
-Кыз кылыгы менен, эмне десе-койсо ошонуку закон азырынча бизге, – деп чоң жеңси сөзгө аралашты.
-Закон имиш, ал жакта мал-жан деген бар, ач калдыбы ток калдыбы кимдин иши бар, анан да жактырабы жокпу, мынтип сакал-мурутум саксайып турсам, – деп Жамал эки-үч күндөн бери күзгүгө көрүнбөгөнүн эстеди.
-Андан көрө кечке чейин даярдангыла жуунуп-таранып дегендей, кыздын жеңелери сындайт кечинде, – деп чоң жеңеси ордунан козголду.
-Ошентейин, ии баса жеңе эмне менен барабыз, – деп Жамал Кенжегүлгө карады.
-Аттар менен эле, жарым саата кирип барабыз жай бастырсак.
-Болуптур жеңе сиз айткандай болсун, анан өзүм жолугам, – деди Жамал сыртка чыгып баратып.
Кыштын күнү кыска болчу эле, Жамал үчүн бүгүнкү күнү кеч кирбес болду, үйгө кирип чыгып тынчы кетти. Мыкы кантти экен, – деп оюнун баары эле ошол жакта. Улам-улам тоо жакты карап коёт, жүрөгү туйлап бир балээни сезгендей.
Ой басып жатып уктап кеткен экен, Кенжегүлдүн үнүнөн ойгонуп кетти.
-Мен сени күтүп олтурсам уктап жатканың кандай, саат канча болду тур кеттик.
-Мен азыр, атты токуй салайын, жана эле отко койдум эле, уктап калган турбайымбы кашайып, – деп Жамал шашып жөнөдү. Кенжегүл да артынан кошо чыкты. Жамал атын бат эле токуй салды да, экөө коңушу айылды көздөй бет алышты. Жолду катар экөө өткөн кеткенден сөз козгошуп жүрүштү. Айылга жакын калганда Кенжегүл Жамалга карап, – азырак сүйлөп, көбүрөк көңүл буруусун өтүндү. Кыз кылыгы менен болот, анча мынча сөздөрүн терикпей угуп, тамашага салып кой. Көңүлүн алып көндүрүп алсак утук бизде болот, – деди Кенжегүл.
Антип минткенче айылга да жакындап келип, айрылыштан Кенжегүлдөрдүн үйүн көздөй аттардын башын бурушту. Кенжегүлдүн апасы Бүсара эне да дасторконун жайып даярданып олтурган экен. Киришип ыссык чайдан ичип олтурушкан соң, Бүсара эне уулун Жийдеге жиберди. Ал-жай сурашып, айылдагы кабарлардан сүйлөшүп олтурушту. Бир канча убакыт өтсө да Жийделерден кабар жок, Бүсара эне кабатырланып уулун кайра жиберди.
-Ай Кенжегүл ботом сен эрте менен жакшы эле сүйлөшүп неттиң беле, макул деп айтыбы өзү, – деди Бүсара эне бушайман боло.
-Ооба жакшылап эле сүйлөшкөм, макулдугун берген, көңүлү да көтөрүңкү эле, – деди Кенжегүл. Аңгыча сырттан дабыш чыгып, эшик ачылып Жийде жеңеси экөө кирип келишти.
-Келгиле садагаң кетейиндер төргө өткүлө, кечикениңерден бушайман боло баштадык эле, – деп Бүсара эне дасторконун жаңыртып күйпөлөктөп калды.
-Күйөө жигитти көп күттүрүп койдукпу, – деп кошо келген жеңеси сөзгө аралашты.
-Таң атканча деле күтмөкпүз, Жийдедей кыздар арзыйт да күткөнгө, – деди Кенжегүл.
-Эл жатсын дегенбиз, суук көздөрдөн жаман сөздөрдөн оолагырак, – деди жеңеси.
-Ооба ошенткениңер да жакшы болуптур ушак-айыңдан алысырак, – деди Бүсара эне. Ал-жай сурашып, чайдан ичишип бир топко чейин олтурушту. Жамал тынчы кетип улам-улам саатка карап коёт. Кенжегүл да сезди бейм, жеңесине кайрылып, – биз тышкы үйгө чыга турсак, кыз-жигит экөө өздөрүнчө сүйлөшүшүп жакындан танышсын, – деди.
-Макул ошентели, – дешип чогуу чыгып жөнөштү. Жанатан бери жарылчудай болуп олтурган Жамал Жийдени сөзгө тартты. Жийде да шаңкылдаган жарык маанай кыз, экөө бат эле сөзгө аралашып кетишти. Андан мындан сүйлөшүп олтурушту, көздөр көздөргө чагылышып ички сезимдер чыйралышып, кандайдыр жылуулук пайда болгонсуду арада. Экөөнүн тең экинчи турмушу болгондуктан бири-бирин жакшы эле түшүнүштү. Жамал өзү туралуу кеп козгоп анан кыштоодо тураарын айтты эле, Жийде да тоо жагарын, мал-жанга жакын экенин жашырган жок. Ошентип сүйлөшүп олтурушканда эшиктен Кенжегүл кирди.
-Канттиңер анан кыз-жигиттер, байкашымча сөзүңөр кызып, кабак-кашыңар ачыктай эле көрүнөт, буйруса ишибиз оң жагына оогондойбу?, – деди Кенжегүл.
-Кудайым насип буйруса жеңе, ойлорубуз бир чыкчудай эле, – деди Жамал, Жийде үн чыккан жок жер карап.
-Жеңе кайтсакпы, түн да бир оокум болуп калды, жеткенче бир маал болот, – деди Жамал.
-Кел демек бар, кет демек жок тамак да даяр болуп калыптыр, ооз тийип чыгалы, – деди Кенжегүл.
-Тездетели жеңе түнү менен кыштоого чыгып кетпесем болбойт, – деди Жамал.
-Караңгы түндө кайда, эрте менен эле жарык-жаанда чыгып барсаң болбойбу?
-Жоок жеңе чыгып кетпесем болбойт, жүрөгүм туйлап жаным жай албай турат, Мыкы да кыйналды, – деди Жамал.
Тамак желинип, чай ичилип дасторконго бата кылынды. Жамал эшике чыгып аттар жака карай басты. Кенжегүл, Жийде, жеңси үчөө дагы чай кайнамдай убакыт өздөрүнчө сүлөшүп олтурушту.
-Ушу аялдардын сөздөрү бүтпөйт, таң атканча да кептери түгөнбөйт, – деп Жамал кобуранып ары-бери басып жүрдү.
Кенжегүл Жийденин оюн-көңүлүн сурап, жеңеси үчөө андан аркысын такташып, эгер макул болсо бир жумада кайра келерин айтты.
Кыз каадасын кылып, – ойлонуп көрөйүн, ата-энем, эже-сиңдилерим менен да кеңешейин, – деди Жийдегүл.
Макул дешип кош айтышып Жамал Кенжегүл экөө аттардын башын айлды көздөй тартышты. Теминте бастырышып айылга да жетип келишти.
-Мен ушундан аары эле кетейин жеңе, абамдарга айтып коюңуз, – деди Жамал шашыла.
-Шашпай эле чайлашып, сүйлөшүп атты да эс алдырып барсаң болмок.
-Барбасам болбойт үч күндөн бери жаш бала кыйналдыго.
Эки-үч күндө кайра келерин айтып, Жамал айрылыштан тору айгырын тоону көздөй агытты…..

*** *** *** *** *** ***

Карышкырдын уулуган үнүнөн чоочуп ойгонуп кеттим, өңүмбү түшүмбү бир саамга эсимди жыя албай олтурдум. Кайра карышкырдын уулуган үнү угулду, ошондо гана өңүм экенинен элес алдым. Алгач эле колум жеткени коштук болду. Огу жок болсо да дем-күч, кайрат, ишенич бергенсийт. Кечээ күнү ташты бутага коюп алып аткылап жаткандарым көз алдыман бир катар тартылып өттү. Тамдын ичи көзгө сайса көрүнгүс, керосин түгөнгөнбү таш чырак да өчүп калыптыр. Бул сапар эки карышкырдын эки тараптан бирдей үн чыгара уулуган үндөрү угулду. Бирөөсүнүн үнү жоон, экинчисиники ичкерээк экен, бири төбөт бири канчык карышкыр го, – деп болжодум шашкалактап кийинип жатып. Же кечинде чечип жаткан кийимдеримди тапсамчы, бирин оң кийсем, бирин тескери кийип алып жаттым. Эми кантем, эмне кылышым керек, канткенде мал-жанды аман алып калам, өзүмчү, жаш бала деп мени капарына илишпей жатышабы бул кашабалар, – деген түрмөктөлгөн түмөн ойлор бири келип, бири кетип жатты.
Кийинип болуп сыртка кулак түрдүм, түнү менен карсылдап жаны тынбаган Актөштүн үнү угулбайт. Коштукту артынып алып эшике чыктым, Карышкырлардын үнүнөн корккон Актөш тезек жыйган канага кире качкан экен, мени көрө шыйпаңдап куйругун кыпчып жаныма келди. Актөштү көргөндө мен да эрдемсий түштүм, таянар тоом, жөлөнөр аскам бардай болуп. Айдак эле айдак, ал эле ал, кырр-руу-кырр-руулап кыйкырып кирдим. Коштукту артынып алгам, колумда таяк. Актөш бир үн чыгарып койсо кана итке окшоп, тилин тиштеп алгансып үн катпайт. Кайра мага жашынгандай артымда жүрөт калчылдап.
Бираз демим алып айланага көз жүгүрттүм, күн бүркөө болгондуктан жарытарлык деле эчтеке көзгө көрүнбөйт. Караңгыда анча алыс эмес жердеги арчалар гана үрпөйүп араң көзгө урунат. Кайрадан төбөт карышкырдын уулуган үнү угулду, канчыгы анын артынан кошо уулуйт каршы тараптан. Экөө өздөрүнчө сүйлөшүп жаткандай, – кандай кол салабыз, кантип, кайдан деп. Колумдагы таягым менен темирлерди ургулап, кыйкырып, ышкырып жатам, жаратканга жалынып, жалбарып жатам, мени уккан, менден сестенген эч жан жок. Короо айланып чуркап жүрөм, чалынып жыгылып колум таяк кармаганга жарабай карышып калыптыр.
Уулуган үндөр улам жакындап угулуп, ары жактан карышкырлардын ыркырашып алышкан үндөрү даана угулду. Күчүк карышкырлар энелеринен буйрук күтүп, бири-бири менен алышып ойноп жаткандай. Эмне кыларымды билбей шашкалактап калдым, тамга кирип жашынып жатып алсамбы?, короодогу жандыктар эмне болот?, кашайган кашабалар байырлап алсачы бул жерди, четинен бирден жара тартышып, ушундай ойлор оюмду онго санаамды санга бөлдү.
Кайра эле кыйкырып өкүрүп жүрөм айбат көрсөтүп, же алар сестенип чочулап койсочу, барган сайын жакындашып кирип келе жатышат. Машинанын дөңгөлөгүн тең экиге жарып эчкилерге туз салчу жасаган экен Жамал байкем, ошого көзүм түштү. Бирин короонун ары жагына экинчисин бери тарапка коюп керосинден куюп от койдум. Биразга тынчый түшкөнсүдү, ыркырашкан үндөрү угулбай калды. Ушул оттун өчпөсүн Теңирден тиленип, жалбырттай беришин жалынып, суранып жаттым. Оттун жанынан жылгым жок, карышкан колдорума жан киргенсиди.
Канча күйгөнүн ким билсин айтор оттун жалбырты акырындап, жалыны өчө баштады. Болгон отундарды жагып бүттүм, айлам кеткенде тезектен таштадым эле араң жылтылдаган жалын жалп өчтү. Ушуну эле күтүп жатышканбы карышкырлар кайра жанданышып уулуй башташты. Эми айлам түбүнөн түгөндү, карышкырлар да жакындагандан жакындап кирип келишип, караңгыда билинэр-билинбес көзгө уруна баштады.
Колумдан коштугумду түшүрбөйм дагы деле, ал мага дем-күч бергенсийт. Коштугумду кашабалар көрсө экен деймин, корксо экен деймин арга жоктон, алар менден коркподу. Карышкырдын карсылдата үргөнүн биринчи жолу угушум, бул дөбөт карышкырдын беркилерине берген буйругу окшойт.
-Апа-аа-аа,- деп кыйкырып барып эс-учумду жоготтум…..
Айрылыштан аттын дүбүртү, айдактаган Жамалдын үнү угулду…..

Турусбек ТУРГУНБАЕВ. Маскөө шаары.

Jul 25

Манас кыргыз тууралуу.

эстутААЛАМДАН КЕЛГЕН КАТТАР.

Дайранын сыры толкуса жээги шарпылдап,
Кудайдын берген күчүнѳ Асман шам чырак.
Кыргызым менин кыргызым эсен боло кѳр,
Кѳркоого дайым жем боло бербей калтырап.
Талашка түшкѳн жерлериң кайтып ала кѳр,
Келбесин эми башчылар арсыз, шалкылдак.

Байрагын кѳрүп сүрдѳнүп турса бѳтѳндѳр,
Алдыдан, арттан курала берет бекем эл.
Берешен кыргыз пейилиң оңдо турбастан,
Кыргыздан далай Эрендер чыгаар элим дээр.
Тентиген кыргыз теңдикти анан табышаар,
Чекеден дайым чылпылдап чыкпай муздак тер.

Муңканып карап муңумду четке какканда,
Ажайып нурлар тѳгүлүп турар асманда.
Айланам калкым, Айдың Кѳл кызың суранат,
Чачыла бербе кыйчалыш иштер басканда.
Байрагы кыргыз ак, кѳктѳн болуп желбиреп,
Турганда ишиң жазыла берет дастанда.

Дайраны бойлоп, ой ойлоп сыздап келгеним,
Кыргыздын жолун суранган улуу элденмин.
Эчкирип ыйлап турбасын кары, жаш балаң,
Белекке кетип калганда ыйык жерлериң.
Жергемде даңкан салгандар кимдер аңдай жүр,
Максатым менин дүйнѳгѳ ѳзүң теңдээрим.

Терс аяк кээси кемитип барса жолдоруң,
Кудайдан сурайм, Жараткан ѳзүң колдогун!
Коомайлык каптап турганда журтуң коргоочу –
Эр Манас менен бир болом кыргыз боорлорум!
Боюңа тарап ырыскы-кешик артылчу,
Тургузсак ѳлкѳ дегенде ыйык болжолум!

Бир боорум кыргыз! Кымбатым жана ырыскым,
Кемтиги толгон ѳлкѳдѳ сансыз тырыктын –
Жоготуп изин иргелип барсак бак болот,
Ачыктан-ачык тактайлы жүзүн сыныктын.
Береке толгон ѳлкѳнү түптѳп алалы,
Иргейли баарын ириткен ичтен «сылыктын».

Айтышсын «алар» эмнени бизден каалашат?
Жоголсун жорук кыргыздан бийлик талашкан!
Жеринде кыргыз асылын журттун жаратчу,
Мыйзамдар болот кыргызды кайра жараткан!
Билбеген билсин Мекенин Кыргыз сатпаган,
Бабадан калган мурастын жолу сакталат!

Манчыркап турган кѳптѳрдү кѳрдүм кыйладан,
Кылыгы-жорук, жосуну салтка сыйбаган.
Саймалуу таштын жүзүндѳ жазуу калыптыр,
Башкалар араң ашкан дейт бийик кырды анан.
Атаңдын кѳрү! Эр Манас айтып жатпайбы:
– Жазуусу кыргыз кай жерде гана калбаган!

Кыргызым! Журтум! Жугумдуу болсо басыгың,
Кѳбѳйѳ берет дүйнѳдѳ түркүн ашыгың.
Байкоону салчы, башкалар ээлеп жатпайбы,
Энчиңе калган ааламдын Алтын Казыгын!
Эштектер деле эрмин деп ѳзүн жүрбѳйбү,
Энчилеп алып кыргыздын- аалам азыгын.

Кыргызым сага кымбаттык сырын айтаарым,
Бѳтѳндѳр кайда чакырат сезип, байкагын.
Алданып калып арманда болуп жүргѳнүң,
Башыңдан ѳтүп билдиң го азап тартаарың.
Сагынып келип, саргайып жүрүп арада,
Манастын жолун калкыма тегиз кайтардым.

Азапка башың малганда, кыргыз калкыма –
Кайрылып жатып, эрѳѳлгѳ чыктым саткынга.
Саамайым сылап, артымдан сүйѳп Эр Манас,
Айттырды далай чатагын иштин жалпыга.
Калкыма кордук кѳрсѳткѳн сыздап калганы,
Жасадык ишти таянып ата-салтына!

Тоногон калкын Кудайдын каары урганы.
Калк үчүн эмес өзүнө кызмат кылганы
Ант берип элге, атына Манас жамынып,
Артынан кайра жѳткүртүп найза сунганы.
Кылапат эмес, кусуру калктын ургандар,
Тоолорду эмес таяна албайт жылганы.

Жыртыгы элдин бүтѳлѳ албай турганда,
Кыргыздын алы кыйчалыш болуп курганда.
Башчылык алып тургандар баштайт жойпулук,
Курсанттык басып кыргыздын кѳѳнү сынганга.
Сылыгы кыргыз сый-сыпаа кылып айттырса,
Узатат жоопту: Не керек ушу урганга?

Уурдалган акча уругуң менен жок кылат,
Калбагын анан жат жерден барып от сурап.
Соолутсаң кыргыз сороюп жалгыз каласың,
Сурансаң дагы шылдырап акпайт шок булак.
Шоркелдей жаның шорподой анан кайнайт дейт,
Тентиген кезде жай таба албай коктулап.

Кыргыздын сүрү, тилеги Кудай дилинде,
Жок кылып кыргыз барам деп бекер бүлүнбѳ.
Тараза ташын байкасаң билгич болгондор,
Кыргыздын баскан жолдору Кудай чегинде.
Четтиктер басып жок кылам деген сѳз жаман,
Колдоосу Кудай катталган калбай бирине.

Ала- Тоо чеги алсырап бүгүн барганда,
Кол салам деген шумдар да турат жалганда.
Жарыя кылып баарыңа айтам душмандар,
Кыргызды басып алам деп бекер карганба.
Каарына алып кайсап бир коёт Жараткан,
Окшошуп анан барбагын арсыз каманга.

Кабылан Манас жогортон келсе бакырып,
Үрѳйүң учуп ѳлѳсүң анда асылып.
Эсирген коңшу жакынкы жана алыскы,
Бекерден бекер келалбайт чепке батынып.
Чек ара чептүү чекитти бирге коёлук,
Негизи Кыргыз дүйнѳдѳ Журт го Аты Улук!

Эсиңе келгин эрегиш салган арамдар,
Эскертем дагы: Кыргыздар түгѳл Адалдар!
Аргымак атка мингенде кыргыз эрлери,
Бүрүшѳ түшѳт жок кылам деген жамандар.
Жүрѳгү тоодой кыргыздай элди тапкыла,
Саны кѳп айрым чогулган сары самандар!

Сан жагын карап саябан бакмын дегендер,
Адашат кѳбү, кыргыздын кѳбү – кеменгер.
Келтирип туруп кеп айтып калса арадан,
Ойлойсуң кээде кѳбѳйүп барат жахангер.
Ыкшоолук жагы алдына адам чыгарбайт,
Кыргызда бүгүн ушинтип түшѳт беделдер.

Теминип кыргыз тээк болуп дүйнѳ аштаса,
Термелип бармак дүйнѳнүн түрү таптаза.
Түбү жок дүйнѳ чиритип салды кыйласын,
Кыргыздын жолу эзелтен эле башкача.
Үйрѳтѳм акыл кыргызга бүгүн дегендер,
Ойлонуп кѳрүп үйүндѳ калып шашпаса.

Шаштысы кеткен кыргызды кѳргѳн бар бекен?
Кымызды жутуп тоолорду карайт таң эртең,
Четтиктер келип кѳтѳрүп тоону кетсе да,
Жүргѳнүн кѳрчү кыргыздын баары кабелтең.
Тоолоруң тешип, кендерин ташып кетти го,
Кѳшүлүп уктап ойлонот: жерим – бай мекен!

Баймабай каттап алтының гана албастан,
Четтиктер басып баалуулук издеп арбашкан.
Азамат кыргыз! Кең пейлиң барын билебиз,
Четтиктер сени бири да калбай алдашкан.
Айыбың айтсам ойлонуп кѳрѳр бекенсиң:
– Айрымдар неге жериңден кетпей жармашкан?

Кансырап жатсаң алынды сурап келбесе,
Дүйнѳсү түгүл жериңди тартып ал десе,
Ар кими чоюп кыргыздын жерин бѳлүшүп,
Жеринде кыргыз кыргыздын ѳзүн ат десе,
Кереги барбы улуттун кичи, кереги,
Ушунун ѳзү ѳлкѳгѳ зыян жат нерсе!

Чагымды салып чалкая карап турушса,
Сынашып турат: кимиси жеңет урушта?
Кагылам кыргыз! Канчага дейре мокойсуң,
Башчылар айтат: акырын кургыз, урушпа.
Урушпай кыргыз туралат кантип айткыла,
Кыргыздын ѳзүн жеринде кыргыз курутса!

Айкѳлдүк кылса кыргызды тепсеп барган бар,
Ошонун бары дѳѳлѳтүн кыргыз алгандар.
Кылчалык дагы кыргыздар кыргын салбады,
Кыргызды жээрип жок кылам дешет камандар.
Ишке ашып бүгүн кеткени турат абайла,
Жерине кыргыз кѳз арткан канча амалдар!

Кемиген жериң кемтигиң кайра толгончо,
Тобокел кылып бириккин кыргыз оң жолго.
Кудайдан келген акылдын сыры ушунда,
Кунүгѳ эле топтоло бербе тойлорго.
Жылдыздар тегиз жардамга келет кыргызым,
Чамынса дагы тие албайт бири коргоолго.

Койлорун жайып кыргыздар жүргѳн чагында,
Башкалар барды башына үкү тагына.
Кыргызым эми колуңа ал иштин тармагын,
Барбагын эми четтикке түгѳл багына.
Чет жерден келген акылдын барбы кереги,
Кыргыздар ѳзү чыгышсын Дүйнѳ Тагына!

Тѳбѳңдѳ турган Теңирге карап сыйынгын,
Кыргыздар ѳзү Тирѳѳчү болот Кыйындын.
Кыр-кырлап эле жүрбѳстѳн бүгүн баш кошуп,
Багытын билгин кыргызга керек сырыңдын.
Артынан Манас ээрчисең ѳзү кѳргѳзѳт,
Тирегиң Манас түбѳлүк созчу ырыңдын!

Элинде кыргыз жашаган башка журттарды,
Башкара билгин, байлыкка бүгүн куштарды.
Байлыгын топтоп тор жайып дүйнѳ кезишет,
Сыйлаган болсоң берилип сүйѳт ит дагы.
Итчелик жокпу, кыргызды сүйѳ билбесе,
Жеринен кыргыз кетишсин калбай бүт баары!

Кыргыздын тилин, кыргыздын дилин сыйласа,
Кыйналып кыргыз турганда кошо ыйласа,
Шѳкѳттѳп ѳлкѳ кѳрк кошуп барса кѳркүнѳ,
Бир боорум дешип кыргызды такыр кыйбаса,
Тилинде кыргыз тилиндей эне сүйлѳшүп,
Ѳлкѳсүн кыргыз жамандык жакка бурбаса –

– Анда эле алар калышсын кыргыз жеринде,
Бир тууган болуп сыйлашып турса элимде.
Кыргыздар баштап алдыга ѳлкѳ тармагын,
Улуттар башка жараса анын тээгине.
Жаралат ѳлкѳ дүйнѳгѳ түркүк болалчу,
Ѳлкѳсү Кыргыз Бейиштүү Кыргыз жеринде!


Негизи Кыргыз дүйнѳдѳ калк го аты улук!
Өмүрбүбү БЕГАЛИЕВА. 
22.06.2010. 10:45 -14:13.
Jun 26

Таазим..

Акылбек МАМАДАЛИЕВ – 1980-жылы 19-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктаган. «Кусалык», «Махабат», «Аманат» поэтикалык жыйнактарынын автору. КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Т. Эргешов атындагы Республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты. РФнын Москва шаарында жашайт.

КУДАЙ.

Кайгырганда, түйшүк башка түшкөндө,
Кайрымы жок күндөн үмүт үзгөндө.
Сен эсиме келесиң го, оо, Кудай,
Себеп болуп ыр саптарын түзгөнгө.

Сүйүү кушу канат сермеп асманда,
Сүйүнүчтүн добулбасын какканда.
Сен эсиме келесиң го, оо, Кудай,
Себеп болуп ыр берметин тапканга.

Ана ошентип агымында өмүрдүн,
Алып орун так төрүнөн көңүлдүн.
Жадыман эч жуулбастан жашайсың,
Жалгыз сенин мээримиңе чөмүлдүм.

Муңайганда, оомат баштан кеткенде,
Кубанганда, төбөм көккө жеткенде.
Сен эсиме келесиң го, оо, анан,
Себелейсиң жаңы ыр болуп дептерге…

Кулдугум бар, арманымды ук, Кудай!..

Кулдугум бар, арманымды ук, Кудай,
Куш болсом ээ, көктө кайкып учкудай.
Көңүлдү эзет, эргүүсү жок күндөрүм,
Көнгүм келбейт тагдырыма ушундай.

Маанайым суз, сумсайыңкы жамалым,
Мааниси аз, шаң-күлкүдөн жададым.
Маңдайыма жазылганы ушул деп,
Майдаланып жашагым жок жашагым.

Кайран жашым отуз үчкө толгуча,
Канча айым агып кетти боштукка.
Алы-күчүн жумшабаса ырларга,
Акын үчүн айтып бүткүс кордук да.

Улабастан ыйык жолду, эх, демек,
Уялбастан жашаганга бет керек.
Каңгып көпкө жүргөнчөктү, жүдөбөй,
Каалгып көккө сиңгеним оң эртерээк.

Кулдугум бар, арманымды ук, Кудай,
Куш болсом ээ, көктө кайкып учкудай.
Көңүлдү эзет, эргүүсү жок күндөрүм,
Көнгүм келбейт тагдырыма ушундай.

Келчи Кудай, мээрим төгүп кубатта…

Келчи Кудай, мээрим төгүп кубатта,
Келдим окшойт оттой жанган куракка.
Эми менин элге тийбей жарыгым,
Элдир-селдир эзилгеним уят да.

Алыс жашап апаат, азап, ыйдан да,
Ажырабай абийир, атак, сыйдан да.
Кадырыма чок түшүрбөй өмүрдө,
Камчы чаппай жүрөйүнчү ыйманга.

Болбой күнүм көкүрөгүм зилдеген,
Болсун сүйүү жанга азык, дилге дем.
Көңүл балкып, эт-жүрөгүм жибисин,
Көөдөй ойлор жолобосун кирдеген.

Мейли аптап, мейли ызгаар аязда,
Мезгил бөлбөй жыгылайын намазга.
Жамынбастан текебердик терисин,
Жалаң жакшы ыр жазайын кагазга.

Келчи Кудай, мээрим төгүп кубатта,
Келдим окшойт оттой жанган куракка.
Эми менин элге тийбей жарыгым,
Элдир-селдир эзилгеним уят да…

Колдоп мени, кудуреттүү, Оо, Кудай…

Колдоп мени, кудуреттүү Оо, Кудай,
Көңүлүмө, жүрөгүмө, кон, Кудай!
Ыйман бергин, илим бергин өзүмө,
Ысымыма татыктуу жан болгудай.

Акысына көз артпастан бирөөнүн,
Акак мисал асыл өмүр сүрөйүн.
Жадыбалдай атың түйүп жүрөккө,
Жалгыз сага тобоо кылып жүрөйүн.

Анан дагы ала жипти аттабай,
Айылына арамдыктын каттабай.
Ак жашайын үй-бүлөмүн кашында,
Ар эмгегим арууланып пахтадай.

Ушул ойдун такыр жоктур катасы!
Уул-кызымын сыймыктанган атасы,
болсом экен, ар качандан бир качан,
Боордоштордун тийип мага батасы.

Уурулукка-кескиликке жолобой,
Убакытым текке, бекер коробой.
Уютулган алтын өңдүү салмактуу,
Улуу Көккө көтөрүлсүн зоболом!

Колдоп мени, кудуреттүү, Оо, Кудай,
Көңүлүмө, жүрөгүмө, кон, Кудай!
Ыйман бергин, илим бергин өзүмө,
Ысымыма татыктуу жан болгудай…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары.

Jun 26

«Жаргон»

ӨЛҮМДӨН САКТАП КАЛГАН ЭКИ ООЗ СӨЗ.

Туш тарапты түтүн каптап, көчөлөрдө кан агып жатты. Нацисттик жоокерлер жин ургандай кирип келген СССРдин аскерлерине туруштук бере албай калды. Жеңилгенине көзү жетип, айласы кеткен Гитлер 30-апрель күнү атынып өлүп жаны тынды. Ошону менен Берлин шаары комунисттердин талоонуна туш болду. Алдынан чыкканды өлтүрүп, колуна тийгенди жулуп алып, кыз-келиндерди зордуктап жатты жеңүүчүлөр. «Койгула , токтоткула» деп алдыларынан эч ким тосуп чыга алган жок. Ушул эле аз келгенсип, бир күнү орус аскер башчылары шаар элине жарлык кылды. Анда «бардык жайлар коммунист жоокерлери үчүн ачык турсун!» деген катуу буйрук бар болчу.

Ошентип, шаар элин калкалар үмүттүн акыркы шооласы да өчкөндөй болду. Кой дээр кожосу жок жоокерлер алдынан чыкканды ур-тепкиге алып, кенедей каршылык кылганды ит аткандай атып, кызарган нерсе көрсө жулуп алып жатты.

Тээ согуштан мурда эле Түркиянын Бакыркөйүнөн келип, Берлинге жайгашып калган түрк улутундагы Арам Пештемалжыян дагы, үй-бүлөсү менен калы-килем саткан дүкөнүн ачып коюп, келе турган апаатты айласыз күтүп отурат. Баарынын кабагы салыңкы. Жаш кыздары энесине бекем жабышып, көздөрүн алаңдатып ыйлап алган. Ким билет бул күн алардын жашоосундагы акыркы күндүр. Көр оокат деп ата-журтунан чыгып, бул жакка сапар аларда мындай апаат болуп кетет деп ким ойлоптур. Эми, эки дөө согушса, ортодо кара чымын кырылат деген ушу дегенсип, тагдырларына мойун сунуп отурушат. Канча жылдан бери созулган согуш кечээ өздөрү жашаган аймакка чейин кирип келип, көз алдыларында канчалаган адамдар өлүп кете берди. Мына, акыры ажалдын кезеги буларга да келген окшобойбу. Качаарга жайы жок, бекинерге тешиги жок байкуштар, көрө турганды бирге көрөлү, колдон келсе бири-бирибизди арачалап калалы дегенби, айтор баары топтолуп алып, дүкөнүн ачып коюп күтүп жатышты.

Мындайда убакыттын кандай өткөнү да билинбей калабы, же чын эле орустар ушунчалык жакын беле, ким билсин, бир маалда түшүнүксүз кыйкырып-өкүрүп эки жоокер кирди булардын дүкөнүнө. Тим эле жинди немедей буркулдаган экөөнү көргөндө эле бечара Пештемалжыяндардын үрөйү ого бетер учуп, бала-чака чурулдап ыйлап жиберди. Бирок тиги кутурган эки жигит булардын коркконун ойлоп да койгон жок. Бирөө түз эле жайылып турган килемдерге умтулуп, улам бирин аңтара тартып карай баштады. Экинчиси болсо түп-түз эле келип кыздардын бирөөнү билектен алса болобу. Дүкөндүн ээси жайылып турган килемдерин бүт алса дагы кыңк этпейт эле, бирок, кантсе да ата эмеспи, кара чечекей кызына көз көрүнөө сугун арткан немеге чыдай албай, тигинин колуна жабыша, ортого кире калды. Ансыз да кыжыры келгендей буркулдап жүргөн баскынчы, заар чачкан көзү менен аны жеп ийчүдөй бир карады дагы, тапанчасын кабынан сууруп чыгып чекесине такады. Иштин бүткөнү ушул деген ой мээсине зып эте калды бейм, айласы кетип, өңү куп-куу болуп кубарган Арам Пештемалжыян аялын саал кылчая бир карап:
  Шимди боку йедик («эми бокту жедик» – түрк элинде кеңири таралган жаргон) – деп кобуранды.
Жанатан өзүнө аңыраңдап аткан жоокер бул сөздү укканда негедир таң кала түшүп:
 
Не дедиң, не дедиң? – деп шашыла сурап жиберди.
Жанын оозуна тиштеп, коркконунан жүрөгү лакылдап согуп турган үй ээси, эмне кыларын билбей, араңдан зорго жанагы сөзүн дагы кайталады:
  
Шш – шимди боку йедик.
Ошону менен кум саатты кайра коңторуп ийгендей, баары тескерисинен кетти. Өлүм менен кайгыдан башка жакшылык кылбачудай көрүнгөн жоокердин, кутурган дөбөттөй кызаңдаган баскынчынын, колундагы тапанча ылдый түшүп, көзүнөн кубанычтын учкундары чагыла түштү кадимкидей. Жашоодон түңүлө баштаган Пештемалжыян дагы эле көз алдындагы кубулушка ишене албай, «бул шумдуктуу коммунисттер дагы эмнени баштады» дегендей чочуркап карап тура берди. Кызаңдап кыйкырып аткан баскынчы болсо, канчадан бери жоготуп таппай жүргөн тууганына жолуккандай сүйүнүп, тигини кайра-кайра кучактап, баркылдап каткырганга өттү. Баары дендароо болуп карап турду. Берки аскер дагы эле токтобой:
 
Биз кардашпыз. Мен сенин кардашыңмын,  – деп тигини эки ийинден кармап силкилдетип жатты. Советтер Союзуна кирип калган түрк элдеринин жигиттери кан күйгөн согушта катарлаша жүрүп, баарына түшүнүктүү, баарына орток түрк дүйнөсүнүн сөздөрүн көп эле үйрөнүп калышкан экен. Берки жигит дагы ошол, болгон-билген сөздөрүн автоматтан аткандай жаадырып, туугандыгын, жакындыгын билдирип атты.
Акыры дүкөн ээлери да аз-аздан эсин жыйды. Алаңдаган көздөр токтоп, аз да болсо үмүт шооласы тутана баштады. Жанатан мазарга айланып турган дүкөн ичине жан кирип, ары-бери чай даярдалды. Анан чай үстүндө кобурашып отурушту. Таанышышты. Тилдери аз-маз башка болгону менен дилдери бир, каада-салты бир, диндери бир элдерден экен, бири-бирине сый тартуулап, бири-бирин урматтап отурушту.

Ошондон кийин эки жоокер Пештемалжыяндын дүкөнүнөн узаган жок. Орус аскери талап-тоноосун токтоткуча эч жакка жылбай кароолго турушту. Каны бир, боордоштук деген ушу тура атаганат. Кылган ишин доомат кылбай, аткарганын артык көрбөй, араң түшүнүп калган бир сөзү үчүн жүзүнө күлкү аралап, «кан кардашпыз» деген сөздү баарынан улук көрүп, ошол туугандыкты туу туткан сезими менен, боордошун кыйын абалда калтырбай коргоого өзүн милдеткер сезди эки жоокер.
Арадан күндөр өттү. Канчалаган адамды зар какшаткан согуш да бүттү. Немис болобу, орус болобу, же таптакыр алыстан келген түрк болобу, айтор, өз эмгеги менен нан таап жеген карапайым калкка тынччылык эле жакшы тура. Анын сыңарындай, нечендеген алаамат күндөн аман-эсен чыккан Пештемалжыяндар үй-бүлөсү дагы көп ичинде оокатын кылдыратып, бүлгүндөн аман калган дүкөнүн иштетип  жашай беришти. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет дейт эмеспи. Акырындап соодасы жанданып, оокаттары тыңып, эл катарына кошулушту.

Бир күнү буларга Түркиядан атайы түрк ишкерлерди зыярат кылганы газетанын кабарчысы  келип калды. Алыскы мекенинен келген адамды жөн коюшабы, Пештемалжыяндар үйүнө чакырып конок кылышты. Баштарынан өткөн окуяларды эстеп отуруп, жанагы согуш убагындагы эки жоокер тууралуу тим эле кайра-кайра кайталап айтып беришти. Өзүлөрүн бүтүндөй апааттан сактап калган жанагы «сыйкырдуу жаргон» булар үчүн баа жеткис мааниге ээ экенин баса белгилешип, керек болсо Түркиядан бир чоң хаттат (эски Осман элинде диний сөздөрдү кооздоп, ар кандай ыкмага салып көркөмдөп жаза турган уста) таап, ушул сөздү жаздырып, дубалдарына илип алгысы келгенин да унутта калтырышкан жок. Булардын тилегин уккан кабарчы, Түркияга кайтарында хаттат табууга жардам берерин убада кылып жолуна түштү.

Айткандай эле, баягы кабарчы Түркияга келип, бат эле Эмин Барын аттуу хаттатты да тапты. Өмүрү андай ыплас сөздү көркөм чеберчилигине албаган хаттат, бир жумадай кыйылып жүрүп, акыры макулдугун берди. Арадан ай өтпөй, түрк элине кеңири таанылган «шимди боку йедик» деген сөзү алда немедей кооздолуп жазылып, сырты шөкөттөлүп Берлинге жиберилди.
Ал эми жанагы кабарчы иштеген газетада болсо, богоонок сөздүн кантип шөкөттөлгөнү тууралуу макала даярдалып, «Түрк үй-бүлөсүн кыргындан сактап калган эки кыргыз жоокери» тууралуу кеңири баяндама жазылды.

Наыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаары.

Jun 20

Жанмаанай..


АПАМА КАТ.

Апаке, апам менин!
Алгач ирет көзүмө жаш тегеренип, жүрөгүм миңге бөлүнүп, атыңызды ичимен миң кайрып, ушул баянымды жазууга кириштим. Колго калем кармап, ыр дүйнөсүнө аттангандан бери баш-аягы жыйырма жылдай убакыт учса да, буга дейре бир сапар да сиз туурасында жазбаганыма, көңүл жылытарлык жылуу пикирди газета беттеринде арнабаганыма кейип турам, ушу учурда. Буга балким, уяңдыгым себептир. Ырасында эле сиз тууралуу жазуу мен үчүн абдан оор экенин сезсеңиз кана, жөн салды эле отура калып чүргөй салчу жеңил иш эмес экенин билсеңиз кана. Антпегенде илхам дайрасы ташкындаган көз ирмемде кичинекей макала эмес, көлөмдүү китеп да жаза аларлыгым аштан бышык эле, апаке. Болгону уялам, апа, улуу атыңызга көлөкө түшүрүп алуудан чоочуйм, ички дараметимде али бышып-жетилелектей сезем, өзүмдү. А балким максатыма ылайык келечекки күндөрдүн эсебинен сизге арналчу чыгармам да жарык көрөөр, буюрса. Андыктан бүгүн сизге жөн эле кайрылуу баянын жолдоп, көңүлдөгү бугуп жүргөн армандарымды айтканча бир жеңилдеп алууну чечтим, апаке! Кудум бала кездегидей тизеңизге башым жөлөп эркелегенче, оюма келген пикирлерим менен ортоктош болушуңузду кааладым, апа!

Билесизби, апа? Мен эч качан чоңойгум келчү эмес, көзүңүздүн тирүүсүндө. Дамамат сизге эркелеп, таң эрте уйду саарыңыз менен мага сунган чыныдагы жылуу сүттү ичип, тандырдан үзгөн токочуңуздан керте тиштегенче, жаныңыздан такыр чыккым келбечү. Эркелеп демекчи, көкүрөк күчүгүңүз болгонум үчүнбү, мени башка балдарыңызга караганда көбүрөөк эркелетчү элеңиз. Антсе да мезгил баарын өз ордуна коёт тура. Капилеттен жашым он бирге таяганда атам экөөңүздөр удаа-удаа бул жалгандагы өмүр сапарыңыздарды карытып, чын дүйнөгө узап кеттиңиздер. Ошондон ушул күнгө чейин эч кимге эркелебей, үмүттүү күндөрдүн кучагындамын, сиздердин жок экениңиздерге ишенип-ишене албай. Мага сиздер алыс жакка айылчылап кетип, кайра бир күн жарк этип күлүмсүрөй кирип келчүдөй туюла бересиздер. Отуз бирдин суусун ичип жүргөн ушул чагымда да ушуреки ишенимден айрыла албай жашап келем. Балким, мен сыяктуу ата-энесинен көктөйүндө ажыраган балдардын баары эле дал ушундай ойлорду көкүрөгүнө түнөттүшөттүр. Өткөндө кайсыл бир басылмадан, казактын кайсыл бир ойчулунун «Апасы бар адамдар эч качан картайышпайт» дегенин окуп калдым да, эң калетсиз айтылган кеп экенине ынандым. Ырасында эле, апасы бар адамдарда арман деле болбосо керек. Ушул өңүттөн саресеп салганда менин өз жашыман бир топ эле улуу көрүнгөнүм айдан ачык.

Сиздерден айрылгандан кийинки көргөн күн курусун, апаке! «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деген сыңары алдыда көрөр күнүң мол болсо, бешенеге кудурети күчтүү Кудай ушундай тагдыр буюруп койсо, албетте, ата-энең жаныңда болбосо да элдир-селдир өтө берет экен, жашоо. Бирок да, жалаң армандын жетегинде. Билсеңиз, мен сизди дайыма эстейм, апа. Каерде жүрбөйүн, кандай жумуштар менен алектенбейин, дайыма эс-көөнүмдүн төрүндөсүз. Жашоодогу ар бир урунттуу учурга кабылган сайын сизди эстеп, муун-жүүнүм бошошо ичтен сызып алам, жан адамга көргөзбөй. «Баланчанын баласы жаман окуптур» сыпатындагы жаман сөздөрдү сиздерге илештирбөө максатында кааласам-каалабасам да мектепти эң жакшы деген баалар менен аяктадым. Андан соң Университетте экенимде да алдыңкы студенттердин катарын толуктоого аракет жасадым. Университетти бүткөндөн соң газета чыгаруу жаатында эмгек этип жүрүп үйлөндүм, апа! Ошондо бир ыйладым, элдердин апасындай болуп, ак дасторкон үстүндө алакан жайып, келиниңиз экөөбүздү алкап, кубанычыңызга кубаныч кошулуп турса жарашпайт беле? Андан соң жыл айланбай кыздуу болдум, апа! Төрөт үйүнөн кызымды көрүп, сүйүнчүлөгөнү шаардагы агамдын үйүнө бараткан жолдо көзүмүн жашын он талаа кыла, өпкөм-өпкөмө батпай солуктап, ошондо бир ыйладым, апа. Кечээки эле көкүрөк күчүгүңүз эрезеге жетип, эми өзү ата болгонуна жетине албай турганын көрүп, небереңизди колго ала эркелетип, чоң энелик доорду баштан кечирсеңиз жарашпайт беле? Былтыры болсо Бишкектин чет жакасына там тургуздум, ошондо бир ыйладым апа, келиниңиздин ысык чайын ичкенче, чакан тамыбыздын берекесине береке кошуп, сөөлөттүү көлөкөңүздү көрсөтсөңүз жарашпайт беле? Албетте, жарашмак, аттиң десе! Ал жагын бир айтамбы же миң айтамбы?..

Апа, апакем, менин! Сиздер келбес сапарга кеткенден бери да жыйырма жылдай убакыт суудай агылыптыр. «Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы» дегендей андагы сиз көргөн турмуш, тап-такыр бөлөк нугуна өзгөргөн. Кандайдыр бир деңгээлде элдин пейили тарып, бир тууган бир тууганы менен эсептешип калган капитализмдин желаргысы согууда. Өлкөбүзгө эгемендүүлүк орноп, эл билармандарыбыз эл тагдырын каалагандай калчап, карапайым калктын бир даары акча таап, үй-бүлөсүн багуу максатында башка өлкөлөргө тербип кеткен заман, азыр. Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң дечү беле? Андыктан алардын арасында албетте мен да бармын, апа. Тагыраагы капкалуу Москва калаасында жашап жүрөм, айына үйгө акча салып, тириликти тыңдап алуу ниетин көздөп. Москва демекчи, бул калаа мага биринчи көргөн күндөн тартып эле акыр-чикири аралашкан, зор океандын түспөлүндөгүдөй таасир берет. Анткени, башаламан жашоонун накта өзөгү дал ушул калаада бүчүр ачып, ыймандын куту качкандай. «Сүйүүнүн көзү сокур» накылыбызга төп келчү жосунсуз жоруктар кадам сайын кездешет. Кыл мурут коюп, жаңы эле өспүрүм курактан өткөн жигиттерибиз энесине тең чамалаш аялдар менен баш кошуп алышкан. Канчалаган наристелерибиз ата-эне жытын жыттабай айылда жүрүшөт, ичигишип. Ал эми алардын аталары, мындайча айтканда бизге үлгү көрсөтчү агаларыбыз айыл-апага бала-чакасын, жарын таштап коюшуп, никеси жок эле бөлөк аялдар менен таттуу мамилешүүгө ыкташкан. Айтор, бир бөлмөдө он-он бештен тыгылып алышып, өз билгендерин жасашууда. Анан дагы кырчындай кыздарыбыздын басымдуу бөлүгү бөлөк улуттун жигиттеринин колтугуна кире качышканы каңырыкты түтөтпөй койбойт. Бирдеме десең «Москвачылык» деп беттен алмай адатка көчүшкөн. Ушундай жагдайда тапкан акчабызда кайсыл береке болмок да, кандайча жаркын жашоого тез арада жетинмекпиз? Ириде руханий жактан азат боюбузду аруу тутканыбызда гана иштерибизди ийгилик коштосо керек эле деген ойго жетеленем.

Эх, апаке, эл тагдырын жазгым келет, жупкадай үч ыр жыйнагымы чыгарганыма карабастан кыргыз адабият айдыңында Чолпондой жангым келет. Эл тагдырын го, ар түркүн тематикада макалалаштырып газета бетине чагылдырып келатырым, колдон келишинче. Эл тагдырын го ушинетип жаза берет экем, а менин тагдырымы ким жазат, апа? Атам экөөңүздөрдөн айрылып, жетимдиктин запкысын тартканымды, өз Мекенимден туруктуу турмуш күтө албай, чоочун өлкөдө өнтөлөп, элдир-селдир жашап келатканымы, ар күн сайын Ала-Тоом көздөн учуп, сагынычтын сазына белчемен батканымы ким жазат, апа? Эх, апаке, апаке?…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Маскөө шаары.

May 01

Шор турмуш..

ИЧПЕЧИ ИНИМ!

Кечээ дагы «подземкадан» көрдүм. Мас. БОМЖ дон айырмасы жок, колунда тамеки. Өзүнүн бутуна өзү туралбайт да бирдемелерди булдурап сүйлөп койот. Жүрөгүм жанчылып кеткендей болду, бир туугандын иши кыйын го чиркин!. Бирок, бирок жанына баралбадым, бир эсе элден уялсам, бир эсе баары бир алым жетпейт да, жүр деген менен тилимди ала койбойт го мас неме..

Олдо кагылайын бир боорум ай! Сени ким түрттү бул жолго? Өзүңдү колго алсаң боло? Эркиңдин боштугу, өзүңдүн жооштугуң, сени ушул абалга жеткизди го. Өзүң гана кыйналбай, мени дагы, эжекеңди кошо кыйнадың го берекем. Апам бечара мени силердин азабыңарды тартсын деп төрөп койгон окшобойбу. Неге мынча кыйнадың мени? Жездеңдин алдында деле эмне деген адам болдум? Менин коргоочум, менин боорум деген сен минтип өзүңдүн азабыңдан чыга албай жүрсөң, арызымды, муңумду кимге айтам? Атамдан кийинки атам, колдоочум, жөлөөчүм, төркүнүм болот деген бир тууган инилерим, бириң арактын кулу болсоң, бириң жаман катындын чатынан чыга албай жүрсөң, мен кимге таянам, мен кимге жөлөнөм? Кичинекей жүрөгүмдү бычаксыз бырча-бырча кескиледиңер го садагаларым!. Экөөңдү тең мен ойнотуп, мен көтөрүп, мен чоңойткон элем. Айрыкча Ширинбекти.. Туулгандан баштап оорукчан болду, догдурга саар кеч сүт ташып, «Молоковоз» атка кондум. Мен сексейип сүт, жалаяктарды көтөрүп кирип барганда догдурдагылар “молоковоз келди” деп күлүшөөр эле. Эртең менен келип, түнү менен булганган жалаяк, шымдарды көтөрүп кетип, жууп кургатып, үтүктөп кечкиге апкелчүмүн, чачымды тарашка алым келбей калчу. Ошондо болгону он эки гана жаштагы секелек кыз элем. Ошондой кыйынчылыктар менен жонума көтөрүп, досторума кошулуп ойнобой баккан элем силерди бир боорлорум! Мени кыйнабагылачы. Мен да үч балама керекмин го, качанга чейин, качанга чейин?. Чыдоом түгөнүп баратат, чарчадым! Мага дегеле эчтеме бербегиле, өзүңөр менен өзүңөр болсоңор болду, колумдан келсе жардам берем, келбесе жок, эч болбогондо пайдалуу бир кеңешимди айтаармын..

Уланым, садагам, бир боорум, ичпечи?. Суранам сенден, ичпечи?!. Эмне болсо да сага Кудайым нысап берсин, чырактай болгон эки кызың турат, ошолорду ойлочу? Түшүнөм, уулуң Дармениңди төрт жашында жерге бергенден кийин күчөп ичип кеттиң. Балаң өзү да бир баладай болсочу, шум ажал арабыздан аны алып кетти, тагдырга айла жок экен. Кантебиз, баары Кудайдын колунда тура, Кудайга керек экен, бизди таштап, чымчык болуп учуп кетти уулуң. Эми, баланы табаар өзүң амансың го, сабыр кылып, белиңди бекем бууп, жашооңду кайрадан баштачы. Арактын сазына батып кетпей эч болбосо атабызды аячы, атам байкуш сенин азабыңдан акыркы жылдары кыйын карып кетти. Карыйт да анан, небересин, аябай жакшы көргөн небересин жоготту, чаласына сен ичип, аларды сыгасын.. Балпайып төрдө олтураар чагында, кыйнабачы атамды..

Кудайдан сага сабыр, нысап тилейм бир боорум! Тилегим Кудайдын кулагына жетип, сен ичпей, жаркылдаган келинчектин жары, балдарыңдын мээримдүү атасы жана менин жандай көргөн сүйүктүү палван иним болушуңду гана каалайт элем!..

Самара НАСЫРОВА. Москва шаары.

Apr 27

“Ашан”

ӨМҮР ДАЙРА, А БИЗ АНДА БАЛЫКПЫЗ…

Андыктан өмүр дайрасында балыктай сүзүп жүрүп, ушул жашка чыккычакты ар кайсыл иштин башын бир кармап атып, кечээ жакында эле апрелдин орто ченинде “АШАН” гипер маркетинин “Балык жана деңиз азык-түлүгү” бөлүмүнө сатуучу-кеңешчи болуп орноштум. “АШАН”дын тарыхына учкай токтолсом, 1961-жылы 6-июлда Жерар Мюлье деген ишкер өзүнүн 30дай кызматкерлери менен Франциянын түндүк тарабындагы Рубэ шаарында ачып, бийик дөңсөөдө жайгашкандыгынан улам дүкөнгө “АШАН” деген ат ыйгарган. (Французча бийик дөңсөө “О Шан” деп аталат). Башка маркеттерге салыштырмалуу “АШАН”дын буюмдары болуп көрбөгөндөй арзан жана сапаттуу. Ушундан улам тез арада эле “АШАН”дын ташы өргө кулап, кулачын жер шарынын ар кайсыл шаарларына жаят. Ал эми Орусияга 2002-жылы ачылат. Учурда Орусияда “АШАН”дын 35 гипермаркети иштеп атыр. Бул тууралуу “АШАН”га орношкон алгачкы күндөрү үч күндүк окуу-тренингде окутуучулар маалымдашты. Жакшы жери, окуган күндөрүбүз да иш сааты катары эсептелип, маяна эсебине жазылат. Бу да болсо француздардын иш билгилик ыкмасы экенине баа бербей кое албайсың. А болбосо көптөгөн орус мекемесинде алгачкы үч күндү бекер иштеп, эшек сымал сүтү арам, күчү адал немеге айланарың аштан бышык го. Айта кетүүчү дагы бир нерсе, “АШАН”да иш графигиңди менеджерлер менен кеңешип-таңашып тактасаң болот. Биздин бөлүмдүн кызматкерлери 2 сменада тактап айтканда, 1- смена таңкы 6:30дан тартып, 15:30га дейре, ал эми 2-смена күндүзгү 14:00дөн тартып, 22:30га дейре иштешет экен. Өз каалоом менен 2-сменаны тандадым. Себеби, мен үчүн таңда уйкудан ойгонуш тозокко тете. Анүстүнө, көпчүлүк менен чогуу турган Орусиядагы батирде түн ичи эртерээк укташ да азап. Бири балчылдата сагыз чайнап, бири дүңкө-даңк музыка тыңдап, бири телевизордон Голливуддун курч окуялуу тасмасын тиктеп, бири шалпылдата тамак жеп, бири уюлдук телефондо ким бирөө менен үнүн бек чыгара бакылдап аткан жагдайда, түн бир оокумга дейре уктай албай, башыңды жаздыкка катып, төшөгүңдө суудан кумга ыргытылган балыктай чабалактамагың турулуу иш. Эптеп көзүң илинип кеткен чакта, сааттын ачуу чаңылдагы түшүңөн чоочутат. Ойгонсоң саат жебеси 05:00дү көрсөтүп, таң сөгүлүп келаткан болот. Уйкулуу көзүңдү ушалап, шишип-көөп жумушка жөнөйсүң. Эки-үч сааттык уйкуда толук эс албай, өзүңө келалбай чарчап-арыган денеңди сүйрөп, таңдан-кечке иштеш да оңой эмес. Эми болсо жыргап эле калбадымбы, 2-сменада иштеп. Айына 21 күн гана иштейм. Маянам деле Кудайга даттанбагыдай.

Баарынан да балдарымын апасына жыргал болду. Жапон ресторанындагы ашпозчулук жумушуман бошоп, дээрлик 2.5 айдай колоктоп бош жүрүп, жаңыдан жумушка орношконума, кадыресе ичи жылыгандай. Өткөндө маяна алган экен. “Садовод” базарына барып, бир сыйра жазгы кийимдерди сатып берди, мага. Үйлөнгөнүмө 10 жыл толот, быйыл. Ошондон бери биринчи жолу аялым кийим сатып бериши. Биресе, жагымдуу эле болот экен. Ыраматылык апам эсиме түштү. Балапан кезимде апам ээрчитип барып, кийим-кече сатып берген күндөр. Дал ошого окшоп, аялым да мага кийимдерди сатып берип, денеме жарашкан кийимдерди көрүп, кадимкидей кубанып, кадимкидей мээрим төгүп турду, кадимки апама түспөлдөшүп. Жаш өйдөлөгөн сайын аялың деле аялдай эмес, апаңдай болуп калат тура. Базардан кайтып, түз эле үйгө келбей, жолдон “БУМ” деген супер-маркеттин 2-кабатына көтөрүлүп, коомдук тамактануучу жайлардын биринен бир кружкадан сыра ичип, ачуу даамданган тооктун канатын жеп, аркы-теркини сүйлөшүп олтурдук. Кайран аялым! Учарыма канатым го. Акылынан айланайын. Менин адам болушумду гана каалаган, ысык-суугумду тең бөлүшкөн, эч убакта сатпаган, жашоодогу эң кымбат, кыйышпас жароокер өмүр шеригим го. Мындан ары эч убакта көңүлүнө көлөкө түшүрбөөгө сөз бердим, ичимен. Муңайыңкы тагдырымда бир апаман жана да бир аялыман башка ыйыктыгын жүрөгүмө мөөрдөй баскан бир да бир аялзаты жок экенине көзүм жетти.

“АШАН”дын башка бөлүмдөрү кандай экенин билбейм, мен иштеген “Балык жана деңиз азык-түлүгү” бөлүмүндө иштөө өтө кызыктуу. Шумдугуң кургур, балыктын түрүнөн баш адашат. Өмүрү атын укпаган түркүн түстөгү балыктарды кармалап көрүп, кардарларга таразага тартып, баасын бычып, билбегендерге кеңеш берип атып, иш саатыңын кантип аяктаганын сезбей каласың. Анан да бу орустарың балык дегенде эт-бетинен кеткен улут окшобойбу. Маяналарынын басымдуу бөлүгүн балык сатып алууга жумшашса керек. Баарынан да “Дорада” деген балыкка болгон талап жогору экен. Сөөк-сааксыз, кылкансыз ушуреки балыкты унга булап эле, майга куура берсең жарашат. Асыресе, коон тилиминдей бир кесими эле 1200 рублдан жогорку бааны чапчыган норвегиялык “Треска” деген балыктын жалаң сулп эттүү стейкин (коон тилиминдей кесими) көрүп, таңгалганым, ай! “Тресканын” 5 стейкин бир сатып алгандар да бар. Мындайча айтканда 5 стейктин баасы 6000 рубль. Кыргыз валютасына которгондо 9000 сом. Кыкеңдер бул суммага балык эмес, куйруктуу кой сатып алат эмеспи.

Балык сатып алууга турган, уп-узун, жыландай чубалжыган кезекти тиктеп, кээде балык туурасында айтылган накылдар, ырым-жырымдар, окуялар ойго келет. “Балык жесең түшүң оңолот”, “Балык жеген бала акылдуу болот”, “Балык түшүңө кирсе, байлыгың арбыйт”. Балык – тазалыктын символу. Окус наристелер эрте жашында чарчап калса, аларды каза болду дебестен балык болуп сүзүп кетти деген да сөз бар. Анткени, али кыянаттык кылуу, уурулук жасоо, ушак айтуу не экенин билбеген наристелер таза, күнөөсүз немелер го. Ушинтип, эрте жашында ичер суусу түгөнүп, балык болуп сүзүп кеткен наристелер Кудайдын мээрими түшүп, түз эле бейиш багын аралашы айдан ачыктыр. Бирок да “Балык башынан сасыйт” деген сөз анчейин жага бербейт. Башынан сасыйбы, башка жагынан сасыйбы, өлгөн соң кай жандык болбосун, баары бир сасыйт эмеспи. Менимче, ушул сөз, орой айтылгандай туюла берет.

Бала кезден эле негедир, балык этин аябай жакшы көрөм. Мындан алты жыл илгери, Екатеринбургда, беш жылдыздуу мейманканада тазалык сектору болуп иштеп жүргөнүмдө ар шаршембиде түшкү тамакка балык этин берер эле. А мага болсо кара басып, ошол күнү дем алыш эле. Анан шаршембиде иштеген Кара-Суулук Хусейин деген шеригим менен кеңешип, графигимди алмаштырып, шаршембиде иштегенге өткөм. Анткени, шеригим балык этин жек көргөндүктөн, (айтымына караганда Санкт-Петербургда балык складында иштеп жүрүп, балыктан көңүлү үч көчкөн журттай калган имиш) шаршембиде ишке келгени менен балык этинен даярдалган тамактарды жей албай, азаптанып, ачка да калчу экен. Ошентип, менин балык этин жакшы көргөнүм, биресе, ага да оңдой берди болду бейм.

Балык тууралуу дагы бир окуя. Окуучу кезим. Бир ирет шаардан айылга барып калдым, эс алганы. Үч айлык эс алуу күндөрүмүн биринде Абдипатта деген аяш атам түн ичинде мени балык уулаганы дарыяга ээрчитип алды. Айдын жарыгында шоокуму күнчөлүк жерге угулган, күрпүлдөп аккан дарыянын агымына каршы төмөн жактан аяш атам тор салып, а мен болсо жогортон төмөн карай балыктын баарын үркүтүп, айгай сала агып, анан үрккөн балыктар топ-тобу менен аяш атамын торуна түшүп, Үркөр жылдызы көк бетинен өчкөнчө эки каптай балык кармаганбыз. Аяш атамын ченеши боюнча, бир жарым карыштан кичинелерин кайра сууга ыргытып, жалаң чоң балыктарды бир капка толтуруп, үйгө кайтканбыз. Үйгө жеткенде аяш атам “Уулум, мен бул балыктарды балык уулагандын кумары үчүн гана кармадым. Жегенден деле тажагандай болгом. Кийин-соңу “Аяш атам менен бирге балык уулаганы бардым эле” деп эстей жүргөнүңө жакшы. Ошого атайын сени ээрчитип албадымбы, Акылтайым” деп башыман сылап, өзүнө он чакты балыкты алып, калганын мага карматты. Ыракматымды кайра-кайра айтып, аяш атам менен жылуу коштошуп, корообуздун босогосун аттадым. Үйдөгүлөр менен ошол балыктарды бир апта кууруп да, шорпо жасап да, ичип-жегенибиз, азырга чейин эстен кетпейт.

Ал убакта бойдок элем. Аксылык акын агам Нурлан Калыбековдун жетегинде кыргыздын көз мончогу Сары-Челекке барганымчы! “Улуу көк менен бүткөндөй, улуу көк жерге түшкөндөй” деп кайран Нукем ырга салгандай чынында эле Сары-Челек көлүнүн көркү көз кубантарлык. Балыктары суу бетин бербей калкып жүрүшкөнүн көрүп, толкундабай тура албайсың. Кайырмак салып, кайыкка түшкөн чак. Кандай гана керемет! Токойчулар менен бирге чатырча тигип, дээрлик бир жумадай жаткам, көл жээгинде. Күнүгө балык жеп, оңуп эле калгам. Ал тургай токойчунун бир агала ую бир казан балыкты жеп атканына да күбө болгом. Кийин ушул тууралуу шаардагы досторума айтсам “Койсоңчу, ай, уй дагы балык жейт бекен, калп айтпачы!? Балким, уй эмей эле ак аю жеген болбосун” деп ишенишпей керкакшык узатышат. Мага эмне, ишенсе-ишенбесе өз эрки да, алардын, көзүм көргөн чындыкты гана айттым да.

Кайра-кайра гастролго чыгып, айлап-жумалап, үй бетин көрбөй, концерт коюп, жер кезген артисттердин жашоосун дөңгөлөк үстүндөгү өмүр деп коебуз го. Анын сыңарындай менин жашоом деле артисттердикинен ныпым айырмасыздай. Кыргызстанда экенимде журналисттик кесипти аркалап, иш сапарым менен жети дубанды эң кеминде жети-сегиз ирет түрө кыдырдым шекилдүү. Өмүрү айылынан алыс узабаган кайсыл бир аксакал айткандай “Саарда күн биздин айылдын башынан чыгып, кечинде кайрадан биздин айылдын этегинен батат” дегенчелик тейде караңгы бойдон калбастан, эл-жер кыдырып, жолдо жүрүп, жолдо эс алганга не жетсин. Буюккан чериң жазылып, муң-кайгың кайдадыр житет. Антсе дагы, көңүлүмө Бишкектен чыгып, жеңил машине менен түштүктү карай кеткен жолдогу “Чычкан” капчыгайында өргүгөн көбүрөөк ыначу. Анткени, аты аталган капчыгайда мөңкүп аккан тоо суусунда агымга каршы сүзгөн балыктарды кууруп сатчу. Андагы балыктын даамы ай! Вах-вах, эй! Сонундугун сөз менен сүрөттөп бере албасмын. Ошондонбу, ар бир ирет түштүктү көздөй сапарга аттанарда энем эркек төрөгөндөй, жоголгон буюмум табылгандай кубанар элем, ачыгында.

Мурдакы жылы Москвада “Айкөл Манастын” айкели тургузулуп, ачылыш аземине күнөстүү Кыргызстандан ат арытып, жол карытып, ажобуз Алмаз Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы келгени көпчүлүккө маалым. Ошол топтун катарында манасчы агам Рыспай Исаков да келип, канчалаган кыргыз кандаштарынын канын дүргүтүп, жүрөгүнө жылуу сезим тартуулап, өтө берилүү менен манас айтты. Аземдин эртеси күнү Рыспай агама кезигип, Кыргыз Элчилигинин имаратында жайгашкан мейманканада сүйлөшүп олтурдук. Анан Ракем “Акылбек, Москвага келип куру кол кетпейин, үйдөкүлөргө белек-бечек алайын” дегенинен дүкөн да кыдырдык. Ар түркүн белек-бечектер менен кошо ЭлТРдин директору Шайырбек Абдырахман уулуна атап бир банка “Сельд” балыгын сатып алды. Көрсө, “Сельд” балыгын аябай жакшы көргөн Шакем “Ээ, Рыспай, Москвага баратасың, кайтарыңда сөзсүз балык ала келчи” деп атайын дайындаган экен. Ошондо алыскы Москвадан балык алдырып жегиси келген Шакеме жана да досунун бир ооз сөзүн кыялбай атайын балык сатып алган Ракемин убадага бек турган чыныгы жигиттик ариетине суктангам, ак пейилден.

Баарынан да аквариумдагы кызыл-тазыл, балатынын кооз оюнчуктарына окшогон майда балыктарга көз тигилткенди жаныман артык көрөм. Айрыкча, аккардеон коштогон Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Жолдошбек Мамажановдордун музыкасын тыңдаганча, аквариумду тиктеп отурсаң, оюң оболойт. Асыресе, адам болуп жаралганыңа астейдил кубанасың, ушунакай укмуш жарыкчылыкта узак-узак жашагың келет. Балык болуп сүзгүң келет, өмүр дайрада. Тилегеним, өмүр дайрабыз соолбосун. Толкуп-ташыган калыбынан жазбай ага берсе. Айда-десеңчи, Пушкиндин “Алтын балыгы”! Ушул каалоому орундата көрсөңчү. Болгону бир гана каалоом бар. Өмүр дайрабыз эч-эч убак соолбосунчу…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары, м. Крылатское. 23.04.13.

Mar 29

Арабөк.

Дарбазаны ачкан аялды караган бойдон жалдыраган жигит, анын, “келгиле, кир кире гой” деген үнүнөн эсине келе түшкөндөй шаша баш ийкеп, үй ээси менен кошо басты. Бейтааныш жигиттин алда неге көңүлү дүрбөлөң түшүп калганын сезди кыраакы аял дили. Тамак үстүндө да уста жигиттин көздөрү келинди тымызын кусалуу тепчий тиктеп, анын жүзүнөн дилине жакын бирдемени издеп жаткандай. Түшкү чайды деле жарытып ичпей, негедир тез эле чыгып кетти, оңбогон бала. Күн бою жанын таштап, алда не көкүрөгүн өйүп жаткандай өжөрлөнүп иштеди. Кечки тамакка да чакыртып атып көптө келди.
– Атың ким эле иним, атыңды унутуп калганымды карачы – деди үй ээси тамак астыга келип жайгашкан кезде акырын кепке тартып.
– Жыргалбек.
– Жакшы ысмың бар экен. Менин атым Жайнагүл. Жыргалбек, алда не көңүлүңө жакпай калгандай түпөйүл болуп турасын. Иним менен баалашып, иним алып келген үчүн кантип сүйлөштүңөр, канчага келиштиңер, менин кабарым жок, бирок сенин алда неге канааттанбаганыңды кабагыңдан көрүп турам. Баа келишпей калса ачык айт, садага, жакшы ниет, илгери үмүт менен баштаган ишти ыраазы болуп жасагандай бол.
– Антип ойлобоңуз эже, акча жерге кирсин.
– Анда неге кыжаалатсың?
Жигит саамга ушу азыр да көңүл кырында турган өйүткү оюн айтсамбы, айтпасамбы дегендей ыргылжың боло жер тиктеп ойлуу тунжурады.
– Мен сизди көргөндө элеси эсимен чыгып бараткан бир адамды кайра көргөндөй болдум, ал тургай ошол адамдын үнүн уккансып кеттим.
– Ким эле ал адам?
– Менин асыранды апам болчу. Ал кишини алты айдай апа деп калдым.
– Азыр барбы ал киши?
– Бар болуу керек?
– Кайда экенин билбейсиңби?
– Билгенде эмне, мурдагы эле жашаган жеринде болуу керек, көчүп эле кетишпесе.
– Ата – энеңчи?
– Мен кичине кезде эле атам менен апам ажырашып, апам мени таенеме таштап башка турмуш куруп кетиптир. Мен апамды да, атамды да билбей калдым. Эс тартканы апамдын биздин үйгө келгени эсимде жок. Таенемдин көзү өткөндө гана келди да, кеткенче шашты. Капкара болуп күнгө күйгөн, баарынан кийин келип, мурун кеткен ошол жүдөңкү аял апам экенин ал кеткенден кийин таякемдер айтышты. Менин эсимде аялдын өзөк сыздаткан армандуу кошогу менен дирилдеген күйүттүү үнү анан, мени бир эки курдай коруна карап алган жалтаң көз карашы гана калды. Таенем өлгөндөн кийин тили заар, колу тар таажеңем мени батырбай, таякемдин көзү мындай болсо эле зырылдатып ура бергени жаныма батып, кыштын кычыраган суугунда үйдөн качып кеттим. Андагы мен көргөн күндү ээси кууп чыккан ууру ит да көрбөсө керек. Кайда барып баш катаарымды билбей көчө балдарына кошулуп кеттим. Бутумдагы батинкемди балдардын тыңыраагы дароо эле тартып алып, резинка тапичкечен калдым. Үстүмдөгү жалаң көйнөктүн сыртынан ар кайсы жерден таап алган эски-уску кийимдерди кийип алсам деле калчылдап үшүйм. Курсагы ач адам да үшүй берет экен. Жаныбызда самсасынын жыты буркураган чайкана бар. Самса жапкан єөбек киши кардарлар жебей калтырган самсанын калдыгын да алдырбай кууйт. Кууса деле самсанын жыты азгырып бара беребиз, анткени кээ бир боорукер адамдар ашкан нанын, кээде тамагын бере коюшчу. Ошондой күндөрдүн биринде чайкананын жанында турсам самса жеп жаткан бир киши көзүн кысып эркелете карап:
– Мага бала болосуңбу? – деди.
– Болом! – дедим токтоосуз.
– Азамат бала тура, – деди жанындагы аялга күлө карап.

Толугу менен