Aug 26

Тарых – доор..


АРМАНГА АЙЛАНГАН ӨМҮРЛӨР..

(роман)

Ар бир элдин тарыхы,
ар бир эрдин өз доору болгон.
Рахманкул хан Жапаркул уулунун
100 – жылдыгына арналат.

Бүгүн күн күндөгүдөн бир башкача ажайып нурлуу кыпкызыл алоолонгон оту менен батып баратты. Анын отуна алакан тоссоң мына жетчүүдөйсүң. Батып бараткан күндөн көзүн албаган караан тээ канчадан бери кыймылсыз турат. Ал ушул турушунда береги батып бараткан күндү токтоткусу келди. Акыркы учурларда күндү гана эмес, колунан келсе өмүрдү да токтоткусу келип кетет. Бирок андай эч качан болбосун сезгенде катуу умсуна, оор үшкүрүнүп алат.
– Чиркин өмүр! Чиркин өмүр! Мен каалагандай токтоп турсаң кана?!
Караан эки жагын каранып алды. Айлана мелтиреп тып тынч. Эч өзгөрүүсү жок жашоо агымы бир калыпта өтүп жатат. Эми мелтиреп жаткан көлгө тигилди. Кыргыз көлдөрүнө кайдан жетсин. Ошентсе да отурукташып калган жердин ар бир ташы ыйык. Анткени анын өмүрү так ушул жерде өтүп жатпайбы…
Батып бараткан күнгө тигилген бойдон турган жеринде катып калгандай жансыз турду. Жада калса тигилген каректери да токтоп калгандай, кирпиктери да серпилбей, кыймылсыз. Ажайып баткан күндүн нурлары аны биртоло өзүнө сыйкырлап салгандай… Анан да көз кирпикке, кирпиктер көзгө бийлик жүргүзүп жаткандай болду бейм.
– Көзүңдү жумба! Жумсаң бул ажайып кооздукту жоготосуң. Жумсаң эле күн уясына кирип кетет. Алар менен өмүрдүн бир күнү да батып баратпайбы. Көзүңдү жумба!
Мына, кирпик менен көзгө кошулуп жүрөк да туйлап чыкты. Дене бойду майда тер каптап, кан тамырлар баш аламан жүгүрө баштады.
– Токто. Дагы бир азга токтоп турчу! Бүгүн бөтөнчө сулуу…
Оор тунжуроодон кийин караан өзүнчө дагы да күңк этти.
– Даагы батып кетти. Сен каалаганда эле токтоп калса кана…
Анын үшкүрүгү күндөгүдөн оор чыккандай болду. Байкашында күн санап анын үшкүрүгү күчөп бараткандай. Муну өзү да байкап жүрөт. Же, карылыкпы?.. Карылык! Ээ, карылык! Кайкалаңдап сен да жонго миндиң ээ? Эч нерседен кайра тартпаган эр эле. Эми минтип сени жеңе албай турганын байкадыңбы. Сени ким жеңсин. Эч ким жеңе алган эмес сени. Сага жеткендин өзү бактылуулук эмеспи. Бакыттын бири сенсиң! Береги турган караан да бактылуу жандын бири. Анткени сага жетип, сени менен жетелешип келатат. Бала – чака, неберелер… Теңир берген өмүрдүн ырахатын көрүп, суусун ичип, сени менен жетелешип бир басуунун өзү канчалык ырахат.
Караан кыймылын жазбай ичинен тына оор үшкүрүп, жаш
баладай дагы бир умсунуп, өзүнчө күңгүрөнүп алды.
– Ооба, күн бүгүн бир бөтөнчө батты. Нурларын карачы. Батып кетти. Неге мынча тигилдиң? Токтоп турмак беле…
Кылкылдаган Күн ажайып нурун чачып, болбой эле уясына кирип кетти. Жок ал чөгүп кеткендей болду.
– Кайра чыгаар бекен?.. Караан ичинен күңк этти.
– Албетте чыгат. Ал өз мейкиндигинде өз өмүрүн сүрүп,
таңга дейре Улуу түнгө кезегин узатып уясына батып баратат да. Эртеңки таң менен албетте кайра чыгат. Чыгыштан батышка, кайра эртеси чыгыштан батышка…
Ар күнү ушул. Анын сапары эч карыбайт. Кылымдан кылымга өз жолу менен, өз мейкини менен сүзүүдө. Анын мыйзамы ченемсиз да. Биз гана… Биздин өмүр! Адам баласынын өмүрү гана чектелүү. Ал береги Күнгө окшоп бүгүн батып, эртең кайра жаңырып атпайт. Батканың… бул тирүүчүлүккө кош айтканың. Кеттиң, кайра артка жол жок!
Өмүр! Өмүр!..
Сапарың сенин ченелүү,
Кеттиң, кайра кайтпайсың.
Теңир берген бул жашооңдун,
Канча экенин айтпайсың.
Ачуу – таттуу, ыза – муң,
Баарын тартат кул пенде.
Тирүүлүккө устун болуп,
Калган эмес бир пенде!
Максаттарга жете албай,
Өтүп кетти оо, нечени…
Мен да эстейм ар күнү,
Баскан жолду кечеги…

Куттуу жерден чыга бердик,
Каапырлар бизди аткан кезде.
Жер котордук далай ирет,
Жекелеп душман баскан кезде.
Туулган жердин абасын,
Искеер күнгө жетемби?
Же арманым ичимде,
Күйгөн бойдон кетемби?!
Атам баштап чыккан элдин,
Далайы жетпей бу күнгө.
Армандары баштан ашып,
Кете берди ар ар күндө.
Жериме жетип, – Өнөм! – деген,
Элиме жетип, – Өлөм! – деген.
Атамдын антын актабай минтип,
Аттиң дүйнө! Кем дүйнө!
Бөтөн жерде өлмөк белем?!..
Өмүр! Өмүр! Өмүр!
Ченеми чектелбеген чексиз өмүр!
Кектегенди кенебеген,
Кейигенге кейибеген,
Кенебессиң оо, мейкин өмүр!!!

– Кечир өмүр? Неге сени кектеп турам. Сенин мыйзамың
ченелүү гана эмеспи шордуум. Сен батсаң кайра кайрылбасың бул кашкайган чындык. Чиркин өмүр… максат тилекке жетпеген чиркин өмүрлөр… Минтип кейигенимдин себебин өзүң билесиң да өмүр. Канча деген өмүрлөр бей күнөө батып кетти ээ…
Караан эми Чыгышка тигилди. Баятан буулугуп араң турган ички үн эми караанга боор ооруй тигилгендей болду. Анан оор дем ала, айланасын бир сыйра тинтий карап алды да, караандан үн чыгаар беген дегенсип демин бир азга катты. Караан унчукпай жер тиктей дымыды. Ошол кезде араң турган ички үн бурк этти.
– Олдо дүйнө ай! Сенин кыскалыгыңа таарынбаган, нааразы
болбогон, оо дүйнө кетип жатып сени кыйбай, кыйыла карабаган пенде барбы? Баары ошентишет. Мен да… Баарыбыз кыйбайбыз. Баарыбыз таарынабыз. Неге тагдыр кыска өмүр бердиң дейбиз. Неге сени кылымдан ашпайсың! – деп, өмүр сени жемелеп кекиртектен алабыз. Кыскасың! – деп жээрийбиз. Баарын угуп туруп, үн катпай сен да мелтирейсиң. Сенде не жооп болмок эле, сен да мени менен кетип бара жатпайсыңбы… Мен дегеним, мен тигимин да. Мени менен жетелешип кылым ашпаганыңа, мүмкүн сен да кейип, кепчирсиң бечарам… Мен ошондой ойлойм. Же андай эмеспи? Жок! Жок! Билем. Эртесине да, кечине да сен кошо күйүп, сен да бул жарыкчылыкты кыйбай кыйыласың. Сенин да түбөлүк жашагың келет. Анткени сен Өмүрсүң! Өмүр! Өмүр! Береги караан сенин узак же кыска сапарыңа эмес, ошол сенин сапарыңдын аралыгында жетпей бараткан максатына жаны кейип турат. Ата сөзүн, ата керээзин актабай каламбы? – деп жан дүйнөсү сапырылып, түтөп турат. Ар күнү аткан аппак таң менен баткан күндүн ортосунда анын ой сапары учуп кайда гана барбайт.
Эчак батып кеткен күндүн акыркы жебелерин издеген караан эми мелмилдеп жаткан көлгө тигилди. Бу сапар анын үнү каргылдана чыкты.
– Ооба, кылым ашкандар деле бардыр. Бирок, жашоо
климаты жакшы, мыкты шарттарда жашагандарда болбосо, биздин шартта жашагандарда андайлар кезиккен жок. Болушу да мүмкүн эмес. Улам жерден жер которуп олтурсак кайдан болмок?! Не деген азаптарды көрдү кайран элим! Кайран элим! Азды, тозду. Ооруу… сыркоо…
Элдин жашоосуна туура келбеген жердин климат шарты элди жеди. Кыйнап койду, ооба, ооба, аны тануу күнөө болоор. Тоолуу, таза аба, кең Мургабда туулган эл элек. Анан… анан… не деген жерлерди кездик… Топоздор чыдаганбаган Памирдин суугу, мээ кайнаткан Ооганстандын ысыгы, чымын чиркей жеген, мында мээ кайнаткан ыссык, ары жагымсыз, бизге бейтааныш климаттагы Пакистан… кумурскадай быкылдаган Кытайды айтсаң… Эми минтип акыры келип Улуу Памир деп мында отурукташып калдык.
Жанатан араң турган ички үн бурк этти.
– Мында эле жыргап кеттикпи? Чек ара. Тиги Куттар менен
Түрктөр чабышпасын. Эгер чабышып кетишсе биринчи атылган ок бизге тийээри да айдан ачык.
Караан бырс күлүп жиберди.
– Бирок буга да шүгүр деп күн кечирип келебиз. Деген менен адам баласы
чыдабаган нерсе барбы? Айрыкча бизге окшогон качкындар. Оо, тууган жер! Бирок сага жетмек кайда?! Бул жердин дыңылдап учкан чымыны да чоочун. Кенен басканың менен, ар убак ийненин учунда олтургандай болосуң. Мына Ван. Тигине Ван көлү. Улуу Памир… А, биздин Мургабдын сууларычы? Бийик тоонун чокусундагы көлдөр менен булактарчы…
Ушуну гана күтүп тургансып ички үн даагы күңк этти.
– Аз болгондо Аляскага да кирип кетмекбиз да…
– Башка жерлерге караганда бул жердин шарты, абасы, суусу, мал – жанга ылайык
келген аймак…
– Эми биздин Мургабка жетпесе да жашоого болот. Болот дегеним, көздөн учкан
Мургабка, мекен энебиз Кыргызстанга качан жетээрибиз да арсар…
– Мен көрбөсөм да балдарым, алардын балдары көрүп калса…
– Буюрса көрүшөт. Сен үмүт үзбө! Мүмкүн сен да көрөсүң…
– Ким билет?
– Теңирден тилене бер. Теңир билет. Жаратканым…
– Киндик кан тамган жерге, аркамдан ээрчип келген элим
жетсе дейм. Оо, Жараткан менин кан какшап тиленген тилегимди угаар бекенсиң?.. Балдарыма, элиме жакшы жашоо бер! Мен… мен… Өмүр! Өмүр! Кылым ашып берсең кана?!..
Ички үн караанга боору ооруй тигилди.
– Неге таскагыңды жайлатып калдың? Чарчадыңбы? Билем, билем. Чарчадың. Сен
экөөбүз көрбөгөн эмне калды? Баарын көрдүк. Атаң атка өңөрүп Мургабтан чыкканда сен болгону 4-5 жашта элең. Заматта чаң – тополоң түшүп жатып калышты…
– Атакем… Менин да эсимде… мен…
– Сен анда эмнени билип, эмнени туюпсуң. А, мүмкүн… атакең менен бир чоң
жыйынга, же бир алыс жакка меймандап бара жатам дегендирсиң. Кайда барбасын, кайда болбосун жанынан чыгарбай атаң сени өңөрүп алаар эле. Чүкөдөй болуп аттан түшчү эмессиң. Бирок бул сапар тойго жөнөгөн жоксуңар. Бир ууч элди артынан ээрчитип, атаң Жапаркул миң башы түн жамынып, туулган жерди таштап, Советтерден качып чыкты. Сен эч нерседен кабарың жок Апиде энеңдин жонунда таңылуу уктап кеттиң. Кандай коогалаңдуу түн болду ошол түн…
– Ал түн менин да эсимде. Кантип унутуп калайын.
– Бир заматта элдин баарын дүрбүтүп, каапырлар…
– Энекем далбастап мени аркасына бекем таңып алды.
– Антпесе ар кандай болушу мүмкүн эле да.
– Атаң Жапаркул миң башы кыйын киши эле да.
– Атам..

Ооба! Ооба! Ошол күн бөтөнчө коогалаңдуу түн болгон эле. Көздөгөн жерге аман эсен жетээр бекенбиз, же аркабыздан жетип келишип, ара белде баарыбызды жайлап салышаар бекен? – дешип, бир айыл эл жандарын уучтап бара жатышты. Тигил ашууну ашсак эле кутулабыз деген ой баарында турду. Жапаркул миң башынын ойлогон оюу да Памир тоосунун биринин ичине кирип кетсем, бул балээден аман калабыз деп баратты.
Анын көз алдында Кытай Памир тоолору турду. Анда кирип кетишсе, Советтериң эмес, башкасы да таппайт. Бул балээден биротоло кутулаарына эчак көзү жеткендей, кетип баратып ээрчиген элди бир сыйра карап алды.
– Аман – эсен жетишээр бекен? Эгер максатка жетпей, баарын кырып алсам не болот?! – деген ой аны селт эттирди.
Анын оюн аялы Апиде айттырбай билип бара жаткан.
– Кайратыңан жазба, бегим! – дегендей болду көзү менен Жапаркулга тигиле. Экөө ар убак көз менен сүйлөшөөр эле. – Сен да сак болгун! Балага сак бол! – деди Жапаркул миң башынын өткүр көздөрү Апиденин көздөрүнө тигиле.
Тандалган билектүү, белдүү жигиттерден элди айланта курчаттырып, алдыга жолдун сырын, тоонун коюн – колтугун аңтара билген мыкты чабармандардан жөнөтүп, элдин алдында Жапаркул миң башы баш болгон атчандар кетип баратышты. Советтер мына жетип келип желкеден алчуудай далбастаган бечара элдер улам улам арт жакты карап коюшат. Анан да куттуу жерди кыйбай кылчак кылчак карашып, ичтеринен сыздап кетип бара жатышты. Ар биринин көңүлүндө, – Кайрылып келээр бекенбиз… – деген суроолор менен жаак ылдый сызылган жаштар беттерин жууп бартатты. Аларды алдыда жалган дүйнөнүн азабы да, тозогу да күтүп турду.
– Баскыла! Арт жакты карабагыла!
– Түндөп ашууну ашуу керек!
– Эгер орустар жетип келишсечи?
– Баарыбызды кырып салат да ээ?
– Анда айылда жатып эле өлбөйт белек…
– Жапаркул миң башыга ишенбесең кайра кайт!
– Акырын! Угуп калса не болот. Мен жөн эле…
– Баскыла! Баскыла!
– Бала – чакаларга сак болгула!
Бирин бири жөлөп, бирине бири жөлөк болуп, айылдан узаган сайын бир ууч журт,
өздөрүнө сак болгондой. Алардын ишенгендери бир эле Жапаркул миң башы экени да ырас. Элдин чет жагында жүк артылган топоздо келе жаткан эки аял ич ара шыбырап жаттышты.
– Сага жакшы.
– Эмнени айтасың?
– Кандай болгон күндө да Апиде бегим сени жакшы карайт.
– Силерге деле жаман карабайт.
– Бизге караганда тууганчылыктарың да бар.
– Биз эми бир элбиз!
– Ооба, аны билем. Акырын.
– Алыста жүргөндө баары бири бирине жакын болот.
– Мени жаныңа алсаң кантет?
– Кайда?
– Топоз саайм. Жип ийрийм. Бир топ ишиңе жеңил болот.
– Аны Апиде бегим чечет.
– Эй! Бастыргыла!
– Эч ким уккан жокпу?
– Аман – эсен жетчү жерге жетели. Айтам.
– Апиде бегим жакшы адам. Жок дебесе керек.
– Акырын! Тигил дагы жакындап келип калды.
– Орустар эми жетпес.
– Кайдан аңдып турганын ким билет.
– Ай, акырын! Балаңды эмиз. Үн чыгарбагыла деп…
– Билем.
Ошол учурда тигилерге кудайдай көрүнгөн Апиде өзү жоо кууп келсе качканда түшүрүп албайын, же алыстан атылган октун бири балама тийбегей эле деп, бир баласынын, бир күйөөсү Жапаркул миң башынын амандыгын Теңирден тилеп жанын уучтап кетип баратты.
Булардын артынан түшкөндөр тим кое бермекпи. Ошентсе да артынын сая түшкөн аскерлерге карматпай Жапаркул миң башы Кытай Памир тоолоруна кире качты. ээ 21 бМиң кырдуу, бир сырдуу чокусу көк тиреген аска – зоолор көрсө көрмөксөн, билсе да билмексен болуп, куугундарга сыр ачпай мелтиреп туруп берди. Элди башкарып гана эмес, ич ара согуштук тактикаларды мыкты билген миң башы бир ууч элин кырбай – жойбой совет аскерлеринен аман алып тоо койнуна кирип кетти.

(Уландысы бар)

Чынара КАЛЫБЕКОВА,
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
актриса, акын – драматург.

Jun 20

Новелла..

ПЕРИШТЕ ҮНҮ

Ураа! Мен жарала баштадым!..
Менин жаңыдан гана түйүлдүккө айланып, апакемдин курсагында чоңоё баштаганымды эч ким биле элек. Жадагалса апам да… Мен жөнүндө билгенде апакем абдан сүйүнсө керек… А атамчы?.. Ал ким болду экен? Буюрса тогуз айдан соң жарык дүйнөгө келип, баарын кубанычка салам го деп ойлойм… Кандай гана бактылуумун! Мындай бакыт баарына эле буюра бербесе керек…

Жарала баштаганыма жыйырма күн болду. Бүгүн апакем мен жөнүндө билди. Бирок мен күткөндөй кубанган жок… Кабагы ачылбайт… Жаздыкка башын катып көпкө ыйлады… Түшүнбөй жатам… Эмнеге ыйлайт?

Шашып бир жакка бара жатат. Кайда бараары мага кызык болуп турат. Менин бар экенимди бирөөгө сүйүнчүлөйттүр… Бир жигитке жолукту. Ооба, мен жөнүндө айтты. Бирок, экөө тең кубанышмак түгүл… Урушуп жатышат. “Жогот! Мени ушинтип байлап алам деген турасыңбы?! Курсагың чоңоё электе алдыртып сал! Жок десең, өзүңдөн көр! Мага кийин жалдырап келчү болбо! Жалдырамак түгүл бутума жыгылсаң да, сени менен да, курсагыңдагы менен да алпуруша албайм!” Бул ким өзү, менин апакеме кыйкырган?!Мени менен алпуруша албайм дегени эмнеси? А, алдырып сал дегеничи?! Көп нерсеге түшүнө албай турганымды карачы! Колуман эч нерсе келбегени өкүндүрөт…Апакеме кыйкырган ар бир киши менин да душманым…

Эхх!!! Эми түшүндүм… Апакеме кыйкырган атам турбайбы… Мен ага эмне жамандык кылдым экен?! Мени көрө элек жатып неге мынча жек көрөт? Кийин,апама эч кимди жаман айттырбайм…Жадакалса атама да!!! Апакеме кыйкырганга эч кимдин акысы жок…

Ухх!!! Апакем дагы эле ыйлап жатат… Атакеме таарынып, көз жашын көлдөтүп кетип калды… Ал неге мени каалабай турганын түшүнө албай койдум. Менин ага керегим жокпу? Мына, дагы бирөөлөргө жолукту. Алар апама жаман айтышкан жок. Сооротуп жатышат…Булар- апамдай болгон сулуу экен. Бирок апам алардан да сулуу, акылдуу… Мен да кийин апамдай болом. Мени атам жаман көрсө да, мен аны жакшы көрөм… Ал мени көрө элек болгону үчүн, билбей жатат, жакшы көрбөй жатат. Мен кийин ага жардам берем… Апам, атам менен жетелешип…Мен төрөлгөндөн кийин сүйүп кетишет… Мен бул оюма чын дилим менен ишенем!

Ой! Мага эмне болду?! Жаман болуп жатам… Апам да негедир башкача болуп турат… Жаңы эле ыйлап жаткан. Азыр, каткырып күлүп, даңылдаган музыкага кошулуп ырдап, жанындагы өзүндөй сулуулар менен бийлеп жатат. “Апа, абайла, курсагыңда мен бар!”- деп кыйкыргым келип кетти. Мен өзүмдү жоготуп баратам…

Апакем күнүгө эле бир нерселерди иче баштады… Мен билбейм, анын эмне экенин… Бирок ошондон кийин алсызданып, өсүүм токтоп калгандай… Мага күчтүү, даамдуу тамак-аш керек экенин билбей жатса керек… А менин колуман эч нерсе келбейт. Кандай гана өкүнүчтүү! Апакем эмне менен азыктанса, көнүлү кандай болсо, бардыгы мага таасир берет да… Эмне кылышымды билбейм. Айлам жок, апакемдин кылгандарына көнө берем. Башка эмне кыла алам мен?

Жаралганыма үч ай болуп калды. Жүрөгүм сого баштаган. Апакемдин ар бир үнүн, ыйын, күлкүсүн, кайгысын, кубанычын сезип калдым. Ал ыйласа, кошо ыйлачу болдум. Анын ар дайым кубанып жүрүүсү мага канчалык кымбат экенин билет болду бекен?.. Сөзсүз билсе керек… Анткени менин апакем баарынан акылдуу, баарынан мээримдүү жан! Жанында жаман адамдар окшойт. Ошолордун туура эмес кеңештеринен, жаман жолго барып жүрөт да. Мен жарык дүйнөгө келгенден кийин, баары башкача болот. Мени көрөөрү менен, бардык туура эмес кылгандарына өкүнүп, жакшы жолго барат деп ишенем. Анткени ал аябай жакшы, менин эң жакын адамым!!!

Бүгүн бир жерге келди… Бул жерде аппак халат кийген эже-байкелер бар экен. Баардыгы мага жагып турушат…Аппак кийимдери өздөрүнө, татынакай болуп жарашып турат. Мен да кийин ушул эже-байкелердей болуп, аппапак кийим кийип,апамды кубандырам… Иий…Апам кайра ыйлай баштады… Эмне деп жатышат болду экен?.. “Азыр кеч болуп калды… Эртерээк ойлонбойт белең! Азыр балаңды боюңан алдыртам десең… Аны кескилөөгө туура келет!” Сөз мен жөнүндө болуп жатат! Мени кескилейбиз дейби?! Бул эмнеси?! Мен апакемдин курсагында тогуз ай жатып, анан татынакай болгондон кийин көрүнөм да! Жүрөгүмдүн кагуусу катуулап баратат! Мен коркуп жатам! Чын эле мени кескилеген жатышабы?! Апаке, мени кескилетпечи! Мен сени абдан жакшы көрөм! Сен мени көрө элек болсоң, мен сени көрүп, сезип турам! Сен дүйнөдө эч кимге теңдеши жок асылзат эмессиңби!

Өх! Ал жактан кеткенден кийин эс ала түштүм… Менин оюмду апакем сезди окшойт. Мени кескилетпей калды… Жарык дүйнөнү көрө элек, кайрадан кетким келген жок. Менин жарык дүйнөгө келишимди жактырбагандар көбүрөөкпү дейм. Бул эмнеси?
Үйгө келээр менен курсагын катуу таңып салды! Менин демим кыстыгып жатат! Кыйналып кеттим! Апаке! Мени бошотчу! Мен кенен жаткым келет! Мен канчалык кыйналбай жатсам, ошончо бат торолом да! Жок! Жок! Мени бошотчудай эмес! Кыймылдаганга да шайманым жетпей калды!..
Дагы бир нерсесин ичти көрүнөт! Ошондон кийин, чоңойгонум таптакакыр токтоп калгандай… Бул эмнеси?! Буту-колум кыймылга келбей калды! Башым да тумандап турат…

Апакеме бирөө келди… Ал дайыма апамдын жанында… Бул ким өзү? Апамдай сулуу… Бирок анын бир да ыйлаганын көргөн жокмун. Ал апамдан бир нерсе тууралуу сурап жатат… “Даары ичтиңби?.. Кандай эле ал сага жардам бере албай койду? Канчалардын боюнан ушул даарыдан соң бат эле түшүп калчу… Сеники бир укмуш окшойт…” Шыңкылдап күлүп жатат. Апакемдин кабагы кайрадан бүркөлө түштү. “Мени кыйнап бүттү… Мындан кантип кутулам? Обортуң асмандын башын сурап жатканын карабайсыңбы?! Бат эле чоңоюп кетээрин этибар албай, ушуга жеттим…” Сөздөрү мен жөнүндө болуп жатат. Мен чын эле апакемди кыйнап жатамбы? Эмне кылып? Түшүнбөйм… Мен кубандырам деп жаралбадым беле?! Эмне ичет десем? Даары тура! Апаке! Мен сени кыйнабайм! Кийин чоңойгондо сени багам да! Сен менен дайыма чогуу болом! Мен сага эч кимди жаман айттырбайм! Менден кутулуунун жолун издебей эле койчу! Мен азыр өзүмдүн эркек бала экенимди билип калдым. Көрөсүң го, мен төрөлөөр менен сага жагып кетем! Мага ак сүтүң берип эмгизесиң… Мага бешик ырын ырдап бересиң… Капаң жазылып кетет… Атам болсо… Ал да мени сүйүп кетээрине ишенип турам…. Азыр, ал мени тааный элек да! Ал кайрылып келип, сенден кечирим сурайт… Апа, даары ичпечи!

Апакемдин курсагында жатканыма жети ай болуп калды. Апакем мени да, өзүн да абдан кыйнады. Бардык мүчөм жетилип, төрөлөөрүмө аз эле калды. Бирок… Тогуз ай жатууга чамам жетпей баратат көрүнөт. Апакемдин иче берген даарысынан, байлап салган курсагынан өтө эле алсыз болуп калдым… Менин бар экенимди баарынан жашырат… Эмнеге?! Мен апакеме, апакем мага керек экенин түшүнө элекпи?!

-Ыңаа! Ыңаа!
Бүгүн жарык дүйнө менен учураштым … Апакеме жардам берип, мени тосуп алган ак халатчан эжеке, мени өйдөлөтүп көтөрдү да: “Сүйүнчү! Уулдуу болдуң!”-деди. Апам көзүнөн жашын куюлтуп, нары карады. Мени карагысы да келген жок… Бул эмнеси?! Менин ыңаалаган үнүмөн корктубу? Тарбалаңдаган колу-бутуман корктубу? Дегеле, менин жаралганыман корктубу? Келечекте ага мен гана тирөөч болуп, колуна-кол, бутуна-бут болоорумду сезбей турат ээ? “Ай, кыз! Сен көзүңдү тоодой кылып ыйлай бербей, балаңды жакшылап кара. Эмчегиңди оозуна салсаң… Ууз сүтүңдү тое эмсин!” Мени апакемдин курсагына жаткырып, оозума эмчегин салды. Апакем, жийиркенгендей, денесин жыйырып алды. “Мага бул баланын кереги жок… Эмгизбей эле коеюнчу…”-деди апакем оозун араң кыбыратып. “Ок! Бул эмне дегениң?! Төрөй элек жатып, кереги жок деп… Мурун ойлонбойт белең?!” Ак халатчан эжеке, үнүн катуу чыгарып, апакемди урушуп жатты. Анын сөздөрү кулагына кирдиби, кирбедиби, ким билет, айтор, апакем, үндөбөй, көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп, нары карады. Мен апакемдин денесинин жылуулугуна маңдырадым. Эмчегин оозума алып, жылуу ууздун даамын таттым. Сүттүн даамы жагып турду. Апакем дагы эле, денесин жыйырып, мени көкүрөгүнөн алыстата түрттү. Ошондогу ызаланганымчы! Жарык дүйнөгө келгенимде, сүйүнүчтөн ыңааласам, азыр, ызаман ыңаалап ыйлап жибердим. “Мени көргөндө сүйүп кетет!”-деген оюмдун аткарылбай турганына, мени жериген апакеме, жаралбай деле койсом болмок экен деген ойлорго эзилдим… Көптөгөн жаман ойлор мени кыйнап жиберди. “Ыңаа! Ыңаа!”-деп чырылдагандан башка колуман эч нерсе келбей турду. Акыркы үмүтүм ак халатчанда калды. Анын мээримдүү жүзү, мени аярлай көтөргөн жылуу колдорунун илеби жүрөгүмө жакын болуп, “Менин апакем сиздей болгон адам болсо, жакшы болоор беле?!”-деп, биринчи жолу, өз апакемди жерип кеттим. Биринчи жолу апакемди жаман көруп турдум. Ак халатчан эжеке, эмнегедир ыйлап жиберди. Колуна мени алды да, акырын гана бетиме бетин тийгизип, жыттап койду. Таң калып кеттим. Апакем бербеген мээримди бул бейтааныш эжекенин берип турганы мен үчүн күтүүсүз эле. Мени колунда ары-бери терметип турду да, кайрадан апакемдин көкүрөгүнө жаткырды. Эжеке да негедир ыйлап жиберди. Апакеме карап: “Айланайын, синдим! Татынакай жан экенсиң… Кудайдын берген белегин жээрип турганың эмнең? Билесиңби, эне болуу бактысын баардык эле аялзатына буйур бербегенин? Канчалаган бактысыз аялзаты балага жетпей кор болуп, Кудайга жалбарып, ыйлап жүрүшөт?! А сен!.. Бул кылганың туура эмес!”
Апакем эжекенин сөзүн уккусу келбегендей, көздөрүн жумду… Бирок… Ким билет?! Мүмкүн, сыртынан билдирбегени менен ичинен тагдырына таарынып, өзүнүн алсыздыгына арман кылып, “Алдырт! Кереги жок мунуңдун!”-деп кыйкырган атакемдин боору таш мамилесине ызаланып тургандыр… Жарык дүйнө менен таанышкан күнүм ушундайча башталды…

Мени жээригенденби, же өзүнүн ден-соолугунун начарынанбы, айтор апакемдин эмчегине сүт келбей, мени да, өзүн да кыйнады. Врачтардын айткандарына караманча көнбөй, эки көзү кыпкызыл болгончо бүк түшүп ыйлаганын баспай койду. Мени башка бөлмөгө алып кетишти. Курсагымдын ачканына чыдабай чыркырап ыйлай баштадым. Мени жарык дүйнөгө келгенимде биринчи болуп, кол сунуп тосуп алган эжеке гана жанымдан чыкпай, айланчыктап, мени эмнегедир сүйүп турду. “Айланайын, балапан! Сени төрөй элек жатып, кереги жок деген апаңа түшүнбөй турам… Менин сендей болгон балапаным болсо … “Бирөөгө кор, бирөөгө зар” деген ушу турбайбы…Менде сүт болсо эмне… Аянбай өзүм эмгизип, өзүм бала кылып албайт белем…” Негедир жүрөгүм солк дей түштү. Апакемсиз калаарымды кичинекей муштумумдай болгон жүрөгүм сезгендей булкунуп алды.Апакемен айрылгым келбегенин айткым келди. Бирок да, негедир бул мээримдүү эжекеге эркелегим, баштагыдай, бетин бетиме тийгизгендеги жылуу илебин самадым. Дагы ошол мүнөттөгүдөй эркелетүүсүн, колуна алып, терметүүсүн каалап кеттим. “Ыңаалап”, кайрадан ыйлай баштадым. Карбаластап жүгүргөн эжеке, бир нерсени оозума жакындатканынан курсагымдын ачынан аны жалмалап жибердим. Апакемдин сүтүнүн даамына окшош… Даамы деле сонун… Бирок, апакемдин көкүрөгүнө жатып, жылуу илебине мас болуп, эркелеп эмген ууз сүттү самадым… Анын эркелеткенин каалап турдум, сагынып турдум! Эч качан эркелетпесе да, кантип эркелетээрин кадимкидей сезип турдум. Аттиң ай! Ошондогу акыбалымды сөз менен жеткире албайм! Ошондогу кусалыгымды, сагынычымды ошол эле мезгилде апамдын мамилесине болгон ызамды эч кимге ыраа көрбөйт элем… Ошентип, менин жашоо үчүн күрөөшүүмдүн биринчи күндөрү башталды….

Апакемди экинчи ирет кайрадан көргөн жокмун… Сагындым, ыңаалап ыйлап, анын мага мээримин төгүп келип калуусун миң самадым… Бирок да, менин тилегим, менин оюм аткарылбады. Тек гана ак халатчандардын мага боор ооруй караган көз караштары жүрөгүмө жетип, улам бирине-биринин таштанды бала экенимди айтып жаткан сөздөру кулагыма жаңырып туруп алды. Мени көкүрөгүнө кысып, эркелетип, башыман сылаган, эмчегин эмгизип, энелик мээримин төккөн жан болбоду. Жөн гана таштанды балага айландым да, кала бердим. Анда-санда гана ыңаалаган үнүм гана жашап жатканыман белги бербесе, менин бул жашоодо жашап жатканым, кичинекей жүрөгүм эч ким бербеген жылуулукту эңсеп, түрс-түрс согуп жатканын эч ким этибар албагандай…. Эхх!!! Ушундай бактысыз белем?!

Жок, мен күткөндөй эмес… Мага жүрөгү ооруп, мени сүйүп турган бирөө бар экен… Мурунтан таанып, кастарлап, сагынып тапкан наристесиндей мээримин төккөн, мени жарык дүйнөгө келгенимде тосуп алган ак халатчан эжекем! Айланчыктап жаныман кетпей, кээде ыйлап, кээде бир нерсеге сүйүнүп, мени менен сүйлөшүп коюп жатты. “Мен сени эч кимге бербейм! Канча жылдап ушул жерде иштеп жүрүп, сендей баланы кездештирбептирмин. Сени Кудай өзү мага алып келген окшойт… Сен менин алдейим болсуң! Мен сенин апакең болом! Экөөбүз эң сонун жашайбыз…” Ушул сыяктуу сөздөрдү айтып, менин ар бир дем алганыма чейин аярлай тыңшап, мээрим төккөн көз карашы менен эркелетип турду… Ошондогу менин акыбалым… Же кубанычым эмес, же өз апакемдин мээриминен ажырагандагы кайгыруу эмес… Жөн гана түшүнүксүз ойлор көкүрөгүмдү эзип турду. Бул жарык дүйнөнүн бирде мээримдүү, бирде таш боор мамилесине түшүнө албай, ыңаалап ыйлап жаттым….

Күндөр айга, айлар жылга алмашты. Баягы мен, татынакай болуп чоңойуп калган кезим. Мени сүйүп, багып алган апакемдин колунда өстүм. Ал- менин багып алган апакем экенин унутуп да койгом. Ал мен үчүн өз апаман артык жан! Ыйласам сооротуп, оорусам көзүм менен тең айланып, Кудайга жалбарып, миң мертебе рахматын айтып, мени эркелетип өстүрдү… Ошондой күндөрүндүн биринде келди, “өз апам”. Өз деп айткым келбеди. Апакеме жалдырап, баягы кездегидей көз жашын он-талаа кылып ыйлап турду. “Мага бер баламды. Мен ал кезде түшүнбөптүрмүн. Жаштык кылып койдум. Сизге миң мертебе рахматымды айтам. Канча десеңиз да берейин…” Санаам санга бөлүнүп кетти. Апакемдин жообун күттүм. Берип коебу деп кичинекей жүрөгүм катуулап согуп, ыйлап жибердим. Апам менин неге ыйлаганымды түшүнгөн жок. Колуна көтөрүп, адатынча бетине бетин тийгизип, эркелетип койду. Анан “өз апамды” карап турду да, ойлоно түштү. “Мейли, алсаң алып кет. Мен ушул 2 жылда балам деп жүрүп, карып да кеттим. Мунун оорусун күнүгө көрө берип кыйналдым… Алып кетсең, аз-аздап унутуп коермун.”-деди. Апамдан мындай жооп болот деп күткөн эмес элем. Мойнунан кучактап, ыйымды күчөттүм. Апамдын мындай жообун уккан “өз апакем”: “Мен кийинчерээк келейин. Азыр сиздин жоопту гана угайын дедим эле,”-деди да жөнөп кетти. Ошондогу менин акыбалым сөз менен айтып бере алгыс эле. Кимге таарынарымды билбей, апакемди жалооруган көздөрүм менен карадым. Апакем мени ээ 107кучагына кысып, бетимен өпкүлөп: “Сени эч кимге бербейм. Мунун жеңил ойлуу экенин билгенимден ушинтип койдум да. Сенин оорулуу экениңди укканда жаа бою качаарын кантип сезбейин. Кудай сактасын, сен ооруганча мен эле ооруйун! Алтыным менин, эркетайым менин!”-деп ыйлап да, эркелетип да жатты…

Нурайым ШАРШЕНБАЕВА. Бишкек шаарынан.

 

Jun 01

Роман-эссе..

0Мусакун (Даанышман) САТЫБАЛДИЕВ

Б Е Й И Т Т Е Г И    Б О З   Т О Р Г О Й

(Уландысы)

Адам өмүрүнүн ар бир учуру – өзүнчө кымбат. Өзүнчө баалуу. Антсе деле анын жаштык курагын эмнеге салыштырып, эмне менен өлчөөгө болот? Жалындаган откобу? Болбосо тоонун шар суусунабы? Же ак жайдын капортосундагы жашылга чулганып турган байтүп дараккабы? Балким, жаштыкты – жаштыктын өзүнө гана салыштыруга болуп жүрбөсүн? Ким билет. Неси болсо да Үсөнбайдын мүнөзүндө жогорудагы салыштыруулардын бардыгы бар эле. Теңир андан көп нерсени аябаптыр. Айылдагы сөзгө алынып, көзгө көрүнүп калган жигиттердин биринен болучу. Шар сүйлөп, беттегенинен кайтпаган, жасаганынын майын чыгарган ишенимдүү жигит. Ушундан улам кандайдыр бир оорураак жумушу чыгып калган киши ага кайрылып, андан көмөк сурайт. Анын «жок» деп моюн толгоп кетпесине көзү жетет. Мунун аркасы менен ал айылдаштарынын сый, урматына арзып калган. Ат жалында шамалдай ойноп, курбалдаштарынын топ башында жүрөт. Алардын арасында сөзү – сөз, дегени – деген. Сел каптап келатса да солк этпеген кайраты бар. Бирок, бир жакшы жери – ашыкча, «чээнден» чыгып кеткен эч нерсеси жок. Эч убакта бой көтөрүп, менменсинбегени көпчүлүккө жагат.
Күн бир орундан жылбай, дал төбөгө келип токтоп калгансыйт. Баятан бери аны улам карай берип тажап да кетти. Үсөнбай бейгам жайылып жаткан койго айлана көз чаптырды да, тээ чокуну көздөй жөнөдү. Ал бир топ бийик эле. Ат менен кыйгап, айлана берип чыга турган. Эми түз жөнөдү. Негедир ал бийикке чыкканды жакшы көрүүчү. Бул адат бала кезинен эле пайда болгон. Тоого барганда курбулары чыга албаган жерлерге ал эчкидей эле чыгып кетүүчү. Азыр да Бел-Өтөктүн жонуна тез эле чыгып келди. Мындан нары дагы бири-бирине учкашкан адырлар, биринен бири бийик жондор. Андан нары – булут түнөгөн залкар тоолор. Жайдыр-кыштыр чокусунунан күн чагылышкан мөңгүлөр. Айрыкча Ит-Тиши тоосу – баарынан бийик. Ал алыстан караганда кудум боз үйдүн өзүндөй көрүнөт. Көптөн бери тоонун ошол чокусуна чыксам деген ой көкүрөгүнө тынчтык бербей келет. Үсөнбай аны карап олтурду. Ниетинде быйыл жайында жайлоого барганда чыгууга бел байлады. Ал тоонун наркы бети менен жүрүп отурганда Жаман-Суу, Кашка-Суу деген эң кооз жайлоор бар. Алар ушул көрүнгөн тоонун жарымынан жогору орун алган. Андыктан ошол тарабынан чыгып баруу бир кыйла жеңил. Бирок, ал ушул кезге чейин Ит-Тишинин чокусуна чыктым деген бир да кишини көрө элек. Демек, ага чыгуу анчалык деле оңой-олтоң эмес болсо керек.
Үсөнбай башын көтөрө, дагы күнгө карады. Бир аз кыңайыптыр. Бүгүн жакага түшүп, Күмүшайга жолукмак. Ага кезикпегенине төрт күн өтүп кетиптир. Бул убакыт ал үчүн бүтүндөй бир төрт айдай болуп кеткенсиди. Татынакай, жароокер кызга болгон сагынычы, кусасы жүрөгүн туйлатып жатты. Байкесинин ушунчалык кечиккенине бир четинен кыжыры да келе түштү. Ал эки күндөн кечикпей эле келем, ошого чейин койго көз салып бер, деп кеткен. Бүгүн ал келсе да, келбесе да кетмек. Ушуга бекиген. Мындан ары жүрөгүндөгү кызга болгон сагынычы аны токтотмок эмес.
Көз байланганда атын булоолонткон Үсөнбай үйүнө жете келди. Арыдан-бери кийим которуна калып, Күмүшайга чуркамак. Короодон кире бергенде атасы алдынан көрүндү.
– Келип калдыңбы, Үсөн? Ырас болбодубу, айланайын. Мал-жаның түгөлбү? Кыйналган жоксуңбу?
– Түгөл эле, ата. Кыйналып эмне.
– Үйгө кирип чай-пай иче коюп, чаап барып бир кой өңөрүп келе кой, балам. Алыстагы тайкелериң келиптир. Жибере коёлу десек бала-бакыра жок кеч болуп калды. Мынча болбогондо өзүм жөнөйүн деп аттым эле.
– Байкем кайда кеткен? – Үсөнбай ичинин тыз дей түшкөнүн сездирбөөгө аракеттенип, кадыресе сурап койду.
– Мурдагүнү райондо чогулуш болот экен деп кеткен. Ошо боюнча жок, же анысы ушунча күнгө созула турган немеби. Мынча кечикчү эмес эле.
Үсөнбай үйгө баш бакпай, шарт бурула аттанып жөнөдү. Чай ичкенге убактысын короткусу келбеди. Кызга жолугам деген ою аны алып учуруп баратты. Айыл менен Шиш-Коргондун аралыгы төрт чакырымга чукул. Бул жерден койлорду кашарга киргизип коюп, жанараак эле кеткен. Эми кайра жетип келди. Караңгыда ар кайсы койдун жонун бир басып, эттүүрөөк сезилген бир чоң койду кармады да, тышка жөнөдү. Минип келген аты демигип, күшүлдөп өпкө кагып, таноосунан көк буу көтөрүлүп турупутур. Ушунчалык катуу келгенин эми сезди. Аяп кетти. Маңдайынан сылап койду. Аны кайра минип кетүүгө көөнү чаппай, кыйылып турду. Мынчалык кыйналган ат менен жакага жетүү кыйынга турмак. Анын үстүнө дагы килейген койду өңөрүп алса. Жок, муну эми таң ашырбаса болбойт, деди ниетинде. Жетелеп барып койдун буттарын чылбыр менен арыдан-бери чала салды да, аттын ээрин алды. Тердик да терге чыланып кетиптир. Башкасы жок эле. Тигил акырда байланып турган кула бээни жетелеп чыкты. Ал көптөн бери миниле элек. Байкеси аны жемдеп, ээн-эркин коё берүүчү. Ошого көнүп калган экен, ыргыштап атып араң токутту. Анын ордуна жайдакталган атты аса байлады. Тушалган койду ээрге арта салды. Өзү артына минип, жаканы көздөй ашыга жөнөдү. Кула бээнин кулуну ээрчип алганын да байкабады.
Ит-Тиши тоосунун мөңгүлүү чокусунан уяң кыздай ай шыкаалады. Айлананы чулгаган караңгылык андан сестенген шекилдүү чегине берди. Эми эле коюу караңгылыкка сөнө түнөрүп, сүрдүү жаткан тоо этегиндеги адырлардын алп дөөлөрдөй калдайган караандары агыш тарта көрүндү. Ай жогорулаган сайын күңүрт көлөкө кичирейип, ар кайсы коктуларга корголойт.
Канчадан бери кең жайлоонун эркесине айланып, жемден өксүбөй эттенип калган кула бээ үстүндөгү жүктү тоготпогондой, шайбырлана жеңил баратты. Антсе деле бу жүрүшү Үсөнбайдын көңүлүнө толо бербеди. Абдан жай, кыбырап бараткандай сезилет. Бирок, мындан ылдам жүрүүгө болбойт эле. Бээ да, кой да кыйналып калмак. Кой ансыз деле бээ желген сайын онтойт. Малдын кыйналганын көргүсү келчү эмес.
Бет алдыда бой тиреше турган кош терек. Бул чөлкөмдө андан бөлөк бак аттуу жок. Ай нуру төгүлгөн чалкыган талаада алда немедей көрүнөт. Бири-бирине кыналыша турган кыз-жигит сыяктанат. Буларды Үсөнбай жакшы көрө турган. Бу да жөн жеринен эмес. Күмүшай экөө бүгүнкүдөй айлуу түндү жамына айылдан чыгып, ушу жерге чейин канча жолу келишпеди. Андайда азыр ат менен арбыбай бараткан жолдун кыскалыгын айтпайсыңбы. Асманга бой керип, сөөлөттүү турган кош терек эки жаштын кол тийгис таза сезимине, ак тилектерине канча сапар күбө болбоду. Жапжашыл жалбырактарын шуудурата, жаркын күнү жайнаган келечек күткөн эки жаштын астейдил сырын бөлүшүп, ошого жетине албай, кубанычын акырын баш ийкей билдирип туруучу. Аларга деген жакшы тилектерин, апакай каалоолорун жамгырдай төгүп жатканын баяндагандай тынымсыз шуулдап, ыргала бере турган. Күмүшай да бул жерге келүүнү жакшы көрөт. Ал бир сапар буларды «биздин сүйүүбүздүн мазары» деген. Бул сөз Үсөнбайга абдан жагып калган. Мурда оюна да келбептир. Ошондон бери экөө «Сүйүү мазары» деп аташат. Ага жакындаган сайын жигиттин жүрөгү дүкүлдөп, кымбат нерсесине келаткандай өрөпкүдү. Күмүшайга азыр эле жетип баргысы келип, ансыз деле ылдам келаткан бээни теминип алды. Ал дыр берип жөнөдү. Ээрге баскан кой демиге онтоп жиберди. Бул тизгинди тартууга аргасыз кылды. Күмүшайдын татына элесин көз алдынан алыстатпай жүрүп олтурду. Бүгүн ага жолугуп «Сүйүү мазарына» келишмек. Ага үйлөнүү жөнүндөгүаруу тилегин билдирмек. Ушу бүтүмгө келип, ушуга бекиген. Күмүшай каршы болбостугун жакшы билет. Анткени эки ортону данакерлеп турган сүйүү бар. Ошентип, көптөн күткөн күнгө чукулдады. Ошол күн аны жаңы турмуштун – үй-бүлөнүн босогосун аттаттырмак. Жигит өз дилинде ошо босогонун ак жолтой болоорунан, сүйгөнү экөө бактылуу, узак өмүр сүрүп, бала-чакалуу болоорунан шек санабайт.
Чекесинде бир аз гана кемтиги калган ай кыйла көтөрүлүп калды. Анын апакай нуру талаага төгүлгөн коюу айрандай тунат. Таттуу кыялдын ырахатына чөгө түшкөн жигит бет маңдайда кынала турган «Сүйүү мазарына» дагы көз таштады. Негедир ал азыр жалгызсырагандай, кандайдыр бир тереңдеги белгисиз муңга бата түшкөндөй туюлду. Шуулдаганы угулбай, акырын термелип турду. Балким, али алысыраак болгондуктан угулбай жаткандыр. Мурда тигиндейден эле шуулдагы кулакка урунчу. Баса, анын түбүндөгү суунун добушу да угулбайт го. Жигит эңкейип жол четиндеги арыкты ка-рады. Жок, суу агып жатыптыр. Айдын нурун майдалап алып, өзүнө сиңирген суу жылтылдата ойноп, агып жатат. Бирок, мурункудан кыйла азайып калган экен. Азыр сугаттын күчөп турган учуру эмеспи, башка арыктарга жыгып кетишкен болуу керек, деди ал ниетинде. Ушу жеңдей суунун акырын шылдыраганында да бир муңайымдыктын белгиси бардай. Жан-дүйнөсүнө канат байлап келаткан жаш жигиттин жүрөгү негедир өзүнөн өзү тыз этти.
Ушул учурда бээ мүдүрүлө берип, кайра оңолду. Бош кучактап келаткан кой бээнин башынан нары шыпырылып кете жаздады. Кармап калууга үлгүрдү. Бээ шыңгырай, ушунчалык аянычтуу кишенеп, ордунда бир айланып алды. Кошкурук атып, бүткүл денеси титиреп туруп калды. Үсөнбай эч нерсеге түшүнбөй, саамга турду да, тизгин кага катуу теминди. Бээ ордунан жылбады. Титиреп, кошкурук ата тура берди. Тыбырчылап, дагы бир тегеренди. Ушул учурда кулундун чыңырыгы кулагын жарып кеткенсиди. Негизи ал суу жүрөк жигиттерден эмес болучу. Коркуу эмне экенин көп билчү эмес. Антсе деле эми селт эте берип, арка жагын жалт карады.
Жүрөгү шуу этти. Денеси чымырай түштү. Бети-башынын териси жылышып кеткендей кыбырап кетти. Жүрөгү токтоп калуучудай селейди. Деми чыкпай калгандай муунду. Башына кан тээп дүркүрөп, кулактары чуулдап кетти. Көзүн жуумп жиберди. Тизгинде колу карыша түшкөнүн сезди. Көзүн акырын ачты.
Төрт-беш кадам алыстыкта бүтүндөй ак кийинген узун бойлуу кишинин турганын көрдү. Ал кулунду мойнунан кучактап алыптыр. Бейкапар гана жигитти карап турду. Өзүн көз ирмем жогото калган жигит анан барып өзүн токтотту. Сөлөкөткө назар таштай карады. Купкуу өңүн, узун, арыкчырай келген жүзүн, ай нуруна чагылыша жылт эткен чүңүрөйүңкү көздөрүн, бери көздөй адаттан тыш уркуйуп чыгып турган бет сөөгүн көрдү. Бирок, жүзү күңүрттөнүп, даана көрүнбөдү. Башын жоолук сыяктуу ак нерсе менен жаап алыптыр. Бою өтө эле узун сыяктанды. Ошондуктан кулунду кучакташ үчүн бир аз эңкейип тургандай сезилди. Башынан ылдый туташ кийген апакай чепкен сыяктуу нерсесинин этеги чубала жер чийип турат. Анын бир жак өңүрүнүн желге серпиле түшкөнүн да байкады. Кулун муунгандай, дагы бир чыңырды. Үсөнбай эми гана эсине келгендей дирт этти да, күчүнүн барынча катуу теминип, камчы басты. Бээнин соорусуна шарт эте чабылганы ушунчалык жымжырттыкта чагылган чарт эткендей угулду. Бээ башын бир чулгуп алды да сызып жөнөдү. Жигиттин көзүнө жанагы элестен башка эч нерсе көрүнбөй баратты. Ал кошо ээрчип келаткансыды. Мындан башка эс-акылында, сезиминде түк эч нерсе калбагандай, бош калгандай.
Үйүнө заматта жете келгенсиди. Аттын дүпүрөгөнүнөн улам кимдир бирөө аны утурлады. Ким экенин тааныган жок. Алдындагы койду аны көздөй кулатып жиберди. Муну күтпөгөн тигил киши күү менен келип тийген койдун салмагына туруштук бере албастан чалкасынан кетип, койдун алдына күп этти. Бу да жигиттин көңүлүн бура албады. Ат башын шарт бурду. Сооруга кайрадан камчы жабышты. Жаны ачыган бээ шамал менен жарышып сызып баратты. Кайда? Эмне үчүн? Мунун зарылдыгы барбы? Бул суроолор Үсөнбайдын сезимине келбеди. Келген учурда деле жооп бере албайт эле. Анткени азыр анын башында жөн гана боштук, жел ойногон боштук тургандай эле. Ошо жел анын сезиминен бардык ой-туюмун, акыл-эсин таруудай учуруп кеткенсиди. Азыр ал Күмүшайды да, деги эле бүтүндөй дүйнөнү унутуп койгон. Көз алдындагы сырдуу элес гана бар болучу.
Ал көз ирмем аралыкта кайра жетип келгенсиди. Өзүнө ушундай сезилди. Жанагы сөлөкөт дагы эле ордунда туруптур. Кулун колунда экен. Эми ал жоошуп, көнүп калгандай. Тыбырчылап, жулкунбай тынч турат. Катуу келген Үсөнбай чукул келип токтоду. Сөлөкөт жансыз немедей, же эч нерсени тоготпогондой мелтиреп карап турду. «Коё бер!», – деди жигит. Үнү муунгандай буулугуп чыкты. Тиги уктубу, жокпу – ким билсин. Айлана акылга сыйбаган бир нерсе болуп кетээрин күткөндөй тунжурап, кулак-мурун кескендей жымжырт. «Сүйүү мазары» да адаттагы ыргалуусунан тайып, катып калгандай. Жалбырактарынан шыбырт эткен добуш чыкпайт.
Сөлөкөттөн алыстоого тырышып, кошкурук аткан бээнин тизгинин жыя кармап темине дагы чукулдады. «Коё бер деп жатам!». Жигит кыжырдануу менен айтты. Эми үнү көтөрүңкү чыкты. Бирок, тиги укпагандай кебелбеди. Же тоготподубу. Бул жүрөгүндө оту жанган жигиттин кыжырын ого бетер келтирди. Камчы басып, жөөлөй барып токтоду. Боосун колуна орой кармаган чыйрак өрүлгөн камчысын жогору көтөрдү да, болгон күчү менен тигинин башын мелжеп шилтеп калды. Ага сөзсүз тиймек, анткени ушунчалык жакын турган. Бирок, антпеди. Камчы абага чабылып барып, бээнин чандырына жабыша түштү. Сөлөкөт камчы чабылып бараткан кезде көздөн кайым болду. Муну жигит сезип калууга үлгүрдү. Заматта жер көчүп, денесиндеги күч-кубат көз ачып-жумганча таштап кеткендей шалдырап, ээрден кулап түштү. Бээ дыр берди. Кулап бараткан Үсөнбай жанагы сөлөкөттүн Шиш-Коргон тарапты көздөй аркасы менен жылып баратканын көрүп калды. Ал Үсөнбайды караган боюнча, булут сыяктуу жылып баратты. Анын артынан Шиш-Коргондун кирпичтен тургузулган соройгон мамысы көзүнө урунду. Жылып бараткан сөлөкөт акырын барып ошо соройгон бозуңку, мостойгон мамыга сиңип кетти. Ушуну көрүп калууга үлгүрдү. Бүттү. Анын көзү тунарып, өзүнөн өзү жумулуп кетти. Анан түбү жок караңгы туңгуюкка кулап баратты…
Чырпыктын чынар болуп тамыр жайып, өсмөгү кыйын. А аны кыйып салыш – бир саамдык иш. Адам тагдыры деле ошо сыңары нерсе турбайбы. Андыктан эртеңки күн эмнени даярдап, эмнени камдап койгонун билген жан жок. Болбосо ушу күлгүндөй жигит ушинтип калат деп ким ойлоптур. Аны эртеси Шиш-Коргондун тушунан табышкан. Тил-оозу жок, өлгөн немедей жатыптыр. Атасы колунда малы, оозунда сөзү бар, айылдагы кадырлуу адамдардын биринен болучу. Андыктан мен-мен деген кожо-молдолорго, бүбү-бакшыларга окутуп, чокутуп дегендей, колунан келген ылаажысын аянбады. Бирок, табигаттын табышмагын жандыруу адам пендесинин колунан дайыма эле келе бербейт экен. «Кудай кылса – кубарыңдын акысы барбы» дейт эмеспи. Бу да тегин жеринен чыкпаган кеп тура. Үсөнбай буту-колу басып жүргөнү менен – мурдагы өрттөй жалындаган жигит жок. Эмне деп сүйлөп атканына түшүнүп болбойт. «Кайран жигит, жанда жок эмес беле», – деп бири шыпшынса, «Атаңдын көрү десең, жолборско тике караган жигит эле», – деп экинчиси шуу үшкүрөт. Дагы бирөө Шиш-Коргондун ээси көрүнүп, ошондон жүрөгү түшүптүр, десе жок, бул жигитке көз тийди, деп өзүнчө билерман болгондор чыгышты. Ар ким өз божомолдорун айтып жүрүштү. Үсөнбай болсо дааналап айтып, түшүндүрүп бергенге чамасы жетпеди.
Күтүлбөгөн жерден Үсөнбайдын мындай табышмактуу тагдырга учурап калышы айрыкча Күмүшайга оор тийди. Ал да ошол күнү аны күтүп, чыдамы кете улам-улам жол карай берген. Ошол күнү экөөнүн тагдыры биротоло чечилмек. Муну ал сезген. Бирок, ал күткөндөй болбоду…
Арыктан суу сузуп алган Күмүшай башын жерге сала ойлуу басып келатты. Көкүрөктү ичтен мүлжүгөн санаа аны тез эле чүнчүтүп жиберген. Көңүлү жактырган адамдан тирүүлөй ажыроо оңой эмес турбайбы. Анын тигиндей, адамдар айтып жүрүшкөндөй, кем акыл болуп калышына дале ишене албайт. Дале үмүтү үзүлбөйт. Балким, айыгып, өз калыбына келер. Ошондо кайрадан «Сүйүү мазарына» барышаар. Ушул ой көңүлүнө кыттай чөгөт. Ойго алаксып келаткан кыз алдындагы жигитти байкаган эмес экен. Ал кыздын каруусунан акырын кармады.
– Ай! – Чочуп кеткен кыз башын шарт көтөрдү. Колунан чакасы ыргып кете жаздады. Дал маңдайында Үсөнбай турду. Баягы Үсөнбай, өзүнүн сүйгөн жигити. Жок, бу такыр башка жигит болучу. Жүзү да өзгөрүлгөн. Сакал-муруту саксыйган, чачы үксөйгөн. Анан көзү. Оо Кудай! Ушундай да көз болобу. Кыз аз жерден бакырып жибере жаздады. Аны кандайдыр бир жансыз, терениңде акыл, сезим, ой деген нерселерден бүдүрү жок жансыз көздөр кайдыгер карап турду. Көз ирмем аралыкта ошол көздүн түпкүрүнөн бир муңдун жылт эткен учкуну жана берип кайра өчтү. Күмүшай ушу көздөр өзүн эмес, өзүнүн аркасындагы бир дүмүрдү карап тургандай сезип кетти. Жүрөгү булкуп алды. Көз жаштары эркине баш ийбей төмөн карай кулап жөнөштү. Үсөнбай аны алаканы менен сүртөйүн деген ниет менен колун сунду. Бирок кыз башын тартып кетти. Жигит бир нерсе деп булдуруктады. Күмүшай бир да сөзүн түшүнбөй койду. Анан тиги жер карап турду да, колун көтөрүп жогору жакты жаңсады. Эми түшүндү. Тээ жогору жактагы «Сүйүү мазарын» көрсөтүп жатыптыр. Балким, ошол жакка барып келели деп жаткандыр.
– Жок, мен баралбайм, – деди кыз кетүүгө кам уруп. Тигил колунан коё бербей кыйылып турду. Бир нерселерди түшүндүрүүгө аракет кылгандай булдурады. Үнүда корулдап такыр башкача чыгып калыптыр. Кулакка өөн учурады.
– Кечирип кой,Үсөнбай. Мен сага түшүнө албай койдум. Мени кечирип койчу, байкушум. Биз эми мындан ары жолугууга тийиш эмеспиз. Мени издеп келбечи, берекем. Мени азапка салбачы. – Кыз буркурап ыйлап, аны кучактай калып, сакал баскан бетинен өөп алды да, чуркаган бойдон үйү тарапка жөнөдү. Чакасы жолдун чекесинде калды. Үсөнбай эңкейип аны карады. Мелт-калт болуп турган суудан саксайган бирөө карап турганын көрдү. Башын шарт тартып алып, айланасына көз чаптырды. Чукул арада эч ким көрүнбөдү. Кайрадан эңкейип олтуруп чаканы карады. Анан батынбагандай колун акырын сууга малды. Өзүн карап турган элес майда бөлүкчөлөргө быркырап кетти. Ал селт эте колун тартып алды. Көпкө үңүлө карады. Анан бир нерсе деп катуу булдурады. Жогору тараптагы кош терекке карады. Тунжурап кыйлага турду. Анан ыйлап кирди. Чакадагы сууну кыжырдануу менен серпип жиберди. Чаканы кыз кеткен тарапка күү менен ыргытты…
«Сүйүү мазары» күз жаткан ээн талаада жалгызсырап, арылгыс кусанын кучагында муңайып турду. Саргайып, өңү өчкөн бариктер тынымсыз күбүлүп жатты…
Эзелтеден ушундай. Тоолорго – тоо жалгашат. Канаттууларды – канаттуулар жандайт. Күлүктөр – күлүктөргө кошулат. Тең – теңи менен, тезек – кабы менен деп коюшат. Бу да төгүн жеринен чыкпаган экен. Көрсө адам жашоосунун бүтүндөй бир баскычын болгону бир нече сөзгө батырып коюуга болот турбайбы. Бул жолу да ошондой болду. Адам үчүн бир мүчөсүнөн ажырап калуу – орду толбогон кемтик, өксүк го. Ал эми акыл-эсинен ажырап калган пендени эмне деш керек, аны кандай чен-өлчөм менен баалоо керек? Деги баалоого болобу? Албетте жок. Бирок, ичер суу биротоло какшып калмайынча жашоо токтобойт экен. Өмүр шамы өчпөйт экен. Ошо үлбүлдөгөн шамдын үлдүрөгөн жарыгында өз күнүн кечирген Үсөнбай бу жарыкчылыктын өйдө-ылдыйы менен анча жумушу жок. Турмуштун күнүмдүк көйгөйү, ичтен мүлжүгөн санаа андан кыйгап өтөт. Өткөнүда куруп кетсинчи. Пенде баласын ушундай мүшкүлгө тушуктурбасын, жараткан. Баласынын ушундай тагдырына ата-энесинин кабыргасы миң сөгүлүп, миң кайышат. Андан табаар майнап кайсы. Жүздөрүнө катмар бырыштын издери менен, саамайларынын эрте агаргандары болбосо. Колдорунан келгени ушул болду – издеп жүрүшүп бир жубанды алып беришти. Ал келиндин деле акыл-сезими чектелүү жан эле. Эки бакыр – бир тукур дегендей кеп болду. Чакан там салып, өздөрүнчө бөлүп коюшту. Ошентип, бул айылда дагы бир жаңы үй-бүлөнүн коломтосунан жүлүндөй түтүн булай баштады…

* * *

Түндөгү шаңкайып, жылдыздарын жайнатып турган асман бүгүн жок. Кабагына кар жаап, эртеден бери түнөрөт. Күз ортолоп, эртели-кеч салкын тартып калган маал. Дыр эткен шамалдын эпкини жылаңачтана баштаган дарактардагы сарбариктерди калдаңдата күбүп түшүрөт. Алардын кургап калгандары таман алдында шуудурап үбөлөнөт. Ушуга жандары ачыгандай комсоо дарактар акырын чайпалып, муңайым көрүнүшөт. Бу мезгил деген нерсе жан-жаныбарга гана эмес, табигаттын өзүнө да өз таасирин тийгизет турбайбы. Мына, кечээ эле алма-өрүк гүлдөп, бак-дарактар жашыл түскө чулганып, түбөлүк жаштыкты элестетип турбады беле. Эми таптакыр башка көрүнүш. Башка маанай. Ар жылы бу маалда негедир Акундун ичи тызылдап, бир нерсесин колунан түшүрүп жиберип, бүлүндүрүп алгансый берет. Тагдырдын көйгөйлүү жүгүн аркалаган жаштыгы ошо саргайган барикке айланып үбөлөнүп түшүп, таманга тапталгансыйт. Өмүрдүн күлгүн курагы ушинтип кемип, ушинтип бөксөрүп жаткансый берет. Балким, пенде дегениңдин табияты ушундайдыр, неге дегенде ал кечээ эле колу жетпестей көрүнгөн нерсеге бүгүн жетет да, дагы андан жогоркуга колун созот. Ошого умтулат. Анткени бүгүнкүсүнө алымсынбай, ага көңүлү тойбой калды. Демек, бул өсүүнүн белгиси. Жеткенге канагаттанып калуу – токтоп калуу дегендик. Буга Акун макул эмес. Дайыма күрөшкөнү ушу. Ошо күрөшүнүн майнабын аз да болсо көрүп келе жатат. Анын бири мына – маңдайындагы жаңы салынган заңгыраган мончо. Эскиси эчак кароосуз калып, аны-мунусу тоноло баштаган. Анын үстүнө кырк жылдай убакыт мурда салынып, өтө тар болгондуктан чоң айылдын элинин талабын аткара албай калган. Андыктан райондун борборун көздөй жөнөшчү. Албетте, кары-картаңдар, оорулуу адамдар ал жакка барып жуунуп тура алышпайт. Бул жөнүндө республикалык газетага эки жолу макала жазган. Анын натыйжасы ушу – жаңы мончо болду. Бүгүн ачылышына катышты. Башкарма атайын чакыртып жибериптир. Чогулган элдин алдында сөз сүйлөп, мончонун курулушуна Акундун да кошкон салымы бар экенин белгилеп өттү. Буга ичинен кубанып калды. Ал гана эмес, айылдын эли да кубанып, ыраазы болушту. Эми сегиз чакырым жол басып, райондун болборуна барып-келүү убаракерчилигинен кутулушту.
Жолдун чет жакасы менен Акун коляскасын акырын жылдырып келатты. Удургуган булуттар улам коюланып, ызгаардын илеби бар шамал катуулай баштады. Жерде чачылган жалбырактар бирин-бири кубалаша, шамалдын багыты менен дуу коюшат. Аздан соң шатырата жамгыр төкчүдөй. Асманды бир карап алды да, ылдамдай жөнөдү. Үйүнө жеткиче жамгырга калышы ыктымал. Асфальтталган чоң жолдон коляска жеңил баратты. Клубдун жанында Жыпар бир келин менен туруптур. Ага көптөн бери кезиге элек болучу. Кийинки кездери конторага кирбей калган.
– Бул журналисттин бизди көрөйүн деген көзү жок го, – Жыпар жанынан өтө берген Акунга үнүн көтөрө чыгарды. Ал кайрылып келди:
– Силерди байкабай калыпмын, кечирип койгула. Жаанга калбайын деп ашыгып бараткам.
– Биз эми сен үчүн байкалбаган адамдарбыз да. Белгилүү кишилер – белгилүүлөрдү гана байкашат. – Жыпар шыңк эте күлүп калды. Жанындагы бейтааныш келин да жылмайып койду. Негедир анын жылмайышы өзүнө жараша бербейт экен.
– Кой эми, мени тим эле көкөлөтүп жибердиң го, учуп кетип карматпай койбоюн.
– Көкөлөгөн жигиттин эмнесин көкөлөтмөк элем. Ансыз деле кармата турган түрүң жок. Мен тарапка келчү жолду унутканың качан. Гезиттен атыңды окуп койгонго эле кубанып жүрөм.
– Арманың күч экен анда, – деди бейтааныш келин тигини капталынан укуп.
– Айтпа. Аны билер жан кайда.
– Курбуң менен тааныштырып койбойсуңбу, – деп Акун сөздү башка нукка бургусу келди.
– Баса, таанышып кой, Айгүл. Менин подружкам болот.
– Жакшы экен, менин атым Акун. – Ал колун сунду. Тиги тарткынчыктап барып, аялзатыныкына окшошо бербеген чоң колун сунду.
– Сизди жакында телевизордон көргөм, – деди Айгүл ага жымыя карап.
– Мына, белгилүүсүң десем ишенбейсиң, – Жыпар Акундун кырдуу шапкесин көзүнө баса кийгизди. – Болбосо мени деле жок дегенде бир жолу көрсөтүп коёт эле го.
– Сенин көркүңө көрсөтмөк беле. – Айгүл эликтегендей күлүп калды. Жамгырдын алгачкы майда тамчылары себелеп баштады. Акун тигилерди таштап кетип калууга батына албай турду.
– Кайдан келатасың, Акун? – Жыпар токтоо сурады.
– Мончонун ачылышы болбодубу. Ошол жакка баргам.
– Сен жазбасаң ал салынбайт эле. Ыракмат.
– Мен болбосом деле дагы бирөө аракет кылмак да. Эл болгондон кийин акыры салынмак.
– Баары бир ага сенин эмгегиң өттү. Көпчүлүк сага ыраазы болуп жатышат.
– Кимдир бирөөлөргө жардамым тийсе – кубанып каламын. Бирок, менин жазгандарымдын бардыгы эле чоңдорго жага бербейт көрүнөт.
– Бирок, бүгүн башкарма сен жөнүндө жакшы айтты го. Өзүм угуп олтуруп, кубанып калдым. Негизи азамат жигитсиң да.
– Койчу эми, кечке эле мактай берип көзүң тийип кетпесин. – Акун өзүн ыңгайсыз сезип, кетүүгө кам урду. Жамгыр дыбыратып кирди. – Мен кетейин, жамгырда калып жүрбөйүн шөмтүрөп.
– Акун, биз сени тосуп турганбыз. Бир аз жумуш бар эле, – деди Жыпар.
– Өтө шашылышпы?
– Бүгүн болсо жакшы болот эле. Бул келин эки күндөн бери менин жанымдан чыкпайт. Зарыл жумушу бар экен. Сенин колуңдан келет.
Асфальт жолдун бети заматта суу болуп чыкты. Акундун кийими да нымдалыша баштады. Эки тизеси муздап баратты. Бирок, тигил экөөнү калтырып жөнөп берүүгө дале батына албай атты.
– Анда үйгө барбайлыбы, күн да жаап кирди. – Акун шашып жатканын билдирди.
– Жок, ал жакка барганыбыз уят. Андан көрө клубка кирели. Залга кирип олтуралы. Мен алдыңкы эшикти ачтырайын, коляскаң менен кирип кет. – Жыпар Акундун макулдугун сурабай эле чуркап кетти. Артынан Айгүл экөө жөнөдү. Жамгыр күчөп кирди. Залга кирип кетишкенче кыйла суу болуп кетишти. Күңүрт залда үчөө олтурушту. Клубдун жетекчиси Акжол аттуу жигит сахнада кызыл материалды керип алып, кандайдыр бир чакырык сөздү жазуу менен алек.
– Акжол, светиңди күйгүзүп койсоңчу, –деди Жыпар бир маалда.
– Залдыкы күйбөйт, эже. – Ал бери карабай эле жооп берди.
– Эмне, коркуп атасыңбы? – Акун Жыпарды ийинден түртүп койду.
– Ошо коркута турган адамдын болбой жатканын айтпайсыңбы.
– Эмне, ошончолук эле корккуң келип атабы?
– Жок ай, экөөбүз кезиккен жерден эле акыйнек айтышчу болдук. Же аныбыздан бир майнап чыксачы. Андан көрө айта турган ишибизге өтөлү. Бу келиндин сенде жумушу бар экен.
– Ал эмне жумуш болду экен, деги колумдан келе турган нерсеби? – Акун тиги келинге карады. Ал негедир жагымсыз жылмайып, өзүң эле айтчы дегендей Жыпарга карады. Аны түшүнгөндөй ал:
– Айт, айта бер. Анын уяла турган эч нерсеси жок, – деди. Айгүл бетин Жыпардын ийнине ката, анын кулагына бир нерселерди шыбырады. Анын мындай кылыгы негедир Акунга кызык да, түшүнүксүз да көрүнүп кетти. Ушундан улам өзүн да ыңгайсыз абалда олтургандай сезди. Бул эмнеси деген кейипте алдыртадан Жыпарга карады.
– Айгүл ушундай уялчаак келин. Анын үстүнө сендей белгилүү журналисттен тартынып жатат. Айып этпе. Мен түшүндүрүп берейин. – Ал сөздү эмнеден баштасам экен деген кейипте саамга үнсүз олтурду. Тышта жамгыр шатыратып, чатырдан түшкөн суу шаркырап куюлуп жатты. Акундун нымдалышкан кийими чыйрыктыра баштады. Тез эле үйүнө барып, жылуулангысы келди. Кечээ күнү баштап, кыйласын жазып койгон макаласын да бүткөрүү керек эле. Оюнда кечке чейин бүтүрүп, почтага салып коймок.
– Акун, өзүң билесиң, турмушта ар кандай болот эмеспи. Сенин көпчүлүк макалаларың да ошол турмуштагы окуялар эмеспи. Айгүл да өзүң жазгандай турмуштан жолу болбой, ажырашып келген. Күйөөсү ичкич жигит. А ичкен киши менен жашоо эмне экенин жакшы билесиң го. Айрыкча мунун күйөөсү жеткен зөөкүр, кызыл камчы экен. Бул байкуштун денесин көрсөң жаныңдан түңүлөсүң. Ушунча жыл ага кантип чыдап жүргөнүнө түшүнбөйм. Мен бир күн чыдай албас элем.
– Жаман болгон экен. Өкүнүчтүү. Андай адам менен жашоо чынында эле кыйын. Сен ажырашып кетти дебедиңби, демек андан кутулган турбайбы. А мага айта турган кандай жумуш? – Акун узарып бараткан кептин алдын кайрып койду.
– Кеп ошо кутула албай жатканында болуп атпайбы. Ал желмогуз мунун үйүнө келип, тынчтык бербей кол көтөрүп, тепкилеп кетип жатат.
– Милицияга кайрылбайсыңбы, – деди Акун Айгүлгө карап. Ал ыйлап олтуруптур. Улам көзүн жүзаарчысы менен сүртүп коёт.
– Милийсага барсаң өлтүрөм дейт. – Ал солуктап ыйлап кирди.
– А менин колумдан эмне келет? Арыз жазып туруп эле сотко берип коюш керек. Сен биротоло ажырашып келдиң беле?
– Ооба.
– Анда сага запкы көрсөтүүгө анын кандай акысы бар? Сотко гана бериш керек. Андан башка жол жок. А силер менден кандай жардам күттүңөр эле?
– Мунун турмушу жөнүндө газетке жазсаң деп ойлодук эле.
– Андан эмне өзгөрмөк эле. Же ичкич күйөөсү арагын таштап, жигиттин гүлү болуп чыга келет дейсиңби. Деги, ал гезит окуган немеби?
– Жок, ал окуй албайт. – Айгүл көзүнүн жашын сүрттү.
– Көрдүңбү, андай адамды газет эмес китепке жазсаң деле майнап чыкпайт. Сельсоветке кайрылдың беле?
– Ооба, бир жолу баргам, чакыртабыз дешкен. Эмдигиче дайын жок.
– Бир гана арга – арыз жазып алып сотко барыш керек. Андан башка жолду көрбөй турам, – деди Акун ийнин куушура. Ал чынында эле тиги келинге кандай жардам көрсөтөрүн биле албай турду. Анын ушундай тагдырга туш болуп, мүңкүрөп турганын ичинен аяп жатты. Бирок, ага кеп-кеңешинен башка эч нерсе кыла алмак эмес. Күңүртүрөөк залда анын жүзүнө үңүлө карады. Ак жуумал жүзү, сулуусымак келген муңайым келин экен. Кийгени деле жупуну. Ушунчалык өзүнөн үмүт кылып, ушу жигит жардам бере алат деген ишеним менен келген келиндин жанында ар кандай ойго чайналып үнсүз олтурду.
– Анда сен бир жакшылап арыз жазып бербейсиңби, – деди Жыпар бир топтон кийин.
– Макул. – Акун дароо жооп берди.
Жамгыр түндүн бир оокумуна чейин өз күүсүнөн жанган жок. Анын доошун тыңшап олтурду Акун. Бир калыптагы шыбыргактаган доош турмуштун муңдуу да, сырдуу да күүсүндөй сезилет. Ыргагынан жаңылбаган ошо күүадам тагдырынын оош-кыйыштарын, анын жарыгы менен караңгы жактарын, кубанычы менен кайгысын баяндап жаткансыйт. Ал өтө эле муңайым, ал түгүл кайгылуу сезилип, жүрөгүн ачыштырат. Балким, бул баян жанагы келиндикидир. Жок, жалгыз эле аныкы болуп калса кана. Анда жашоо жеңил болбойт беле. Андай тагдырга туш болуп, үй-бүлө бузулуп, балдар жалдырап жетим, мөлтүрөгөн нечен бир келиндер жесир калып жатышпайбы. Ошондой адамдар жөнүндө канча макалалар, канча ой толгоолор жазды. Алар газеттердин бир нече сандарына чубалып кете турган. Бул анын жакшы көргөн темасы эле. Бирок, толгон темалардын арасынан көйгөйү көкүрөктөн аша чапкан ушу теманы тандап алганына азыр таң кала түштү. Ошо саймедиреп, адамдын жан дүйнөсүн козгогон өзгөчө бир ыкма, салмактуу сөздөр менен жазылган макалалары, ой толгоолору эмне берди? Адамдарды кандайдыр бир ойго салып, алардын басып өткөн, же басып бараткан турмуштук жолдоруна тырмактын агындай болсо дагы бир багыт, кеңеш бере алдыбы? Ошо турмушунан жаңылышкан адамдарга эч болбоду дегенде анын жазгандарынын бир сабын эске алып коюшту бекен? Кап, ошондо мындай жасаганымда оң болмок тура деген ойдо калышты бекен? Ким билет. Бирок, айрым бир окурмандар анын тигил, же бул макаласына үн кошуп, пикир айткандар чыккан. Жазган нерселери таасирдүү экенин, тарбиялык мааниси бар экенин, анан да өз алдынча бир башкача ыкма менен көркөм жазылганын да белгилеп өтүшкөн. Албетте, муну билүү ал үчүн бир топ жагымдуу эле. Антсе деле тагдырдын, турмуштун катаал сыноосуна тушугуп калган адамдарга кандай таасир эте алганы белгисиз болучу. Эми ошондойлордун дагы бирине жолукту. Жанагы берген кеңешинин тууралыгына азыр өзү ишенип олтурду. Сотко бере турган арызын жазып койду.
Почтадан газеттерин алган Акун коляскасына олтуруп, колхоздун багы тарапка жөнөдү. Мурда бул жердин бардык тарабы ачык болгондуктан мал жайылып, майда дарактарды сындырып, бүлдүрүп кетише турган. Малдын кыгынан олтура турган жер табылчу эмес. Эми айланасын бетон дубал менен тосуп, кире турган дарбаза орнотулган. Бактын чок ортосуна жыгачтан кооздолуп беседка жасалган. Анын катарында бий аянтчасы орун алган. Ар кайсы жерге жыгач олтургуч орнотулган. Кыскасы, бул бактын ичи азыр өзүнчө бир кооздукка ээ болгон. Айрыкча, жайкысын мында келип эс алып отурганга абдан жакшы. Ошондуктан Акун көп келип, беседкага олтуруп, газет-журнал, китеп окуганды жакшы көрөт. Кээде кишилер келип, маектешип калышат. Азыр бак ичи ээн экен. Жерде төгүлгөн жалбырактар шуудурайт. Дүпүйгөн дарактар жылаңачтана баштаган.
– Акун, кандайсың, мында олтурганыңды терезеден көрүп басып келдим. – Жыпар беседкага кирип, Акундун жанына олтурду.
– Жакшы, Жыпар. Жумушуң бүттүбү?
– Кайсы бүтпөй аткан жумуш бар дейсиң. Бүгүн бүтпөсө эртең бүтөт да. – Жыпар кичинекей сумкасынан алакандай күзгүалып чыгып бети-башын карана баштады. Анан эми эстей калгандай:
– Баса Акун, куттуктайм,«Советтик Кыргызстан» газетасына чоң макалаң чыгыптыр, эми эле көрдүм.
– Ыракмат, Жыпар. Баягы курбуңдун иши эмне болду?
– Чынында ал менин жакын курбум деле эмес, кошуна турабыз. Жардам сураганынан сага ээрчитип келгем. Сен жазып берген арыз менен сотко барган. Күйөөсүн чакыртып, эми үйүнө барып чыр кылсаң соттоп жиберебиз деп айтышкан имиш. Эми жолобой калды деп кубанып жүрөт.
– Жакшы болуптур. Запкыны жакшы эле тарткан сыяктанат, бечара. Жаш туруп ушундай тагдырга кирептер болуу аянычтуу.
– Албетте, аянычтуу. Токточу, сен аны сүйүп калгандан соосуңбу? – Жыпар ага сынай карап, жылмайды.
– А эмне, аны сүйүүгө болбойбу, же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?
– Жок, антип ойлогон жерим жок. Жөн гана сен өзүңө татыктуу жанга үйлөнүшүң керек.
– А ал мага татыктуу эмес деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн?
Жыпар кыйлага унчукпай, Акундун алдындагы тактайдан жасалган столдун үстүндө жаткан газеттерди карамыш болуп жатты. Бирок, көңүл коюп окуган деле жок. Кандайдыр бир ойдун кучагынан чыга албай атканы байкалып турду. Ал Акунга тике карай албай, убакыт өткөрүп, ушу кыжаалаттан кантип чыгып кетерин ойлоп турду. Акун да өзүн күдүктөнткөн суроосун кайталабай, күбүлүп жаткан жалбырактарды карап олтура берди…
Жогорку көчөнүн жолу арык-чөнөк болгондуктан, Акун коляскасын жай жылдырып, акырын келатты. Шаша турган деле иши жок болучу. Айылдын баш жагында жашаган карыя менен маектешип келаткан. Ал киши колхозго биринчи жолу «Фордзон» деген темир дөңгөлөктүү тракторду айдап келген экен. Айтып олтурса өзүнчө эле жомок. Айылдын ал келүүчү тарабына бир нече боз үй тигилип, мал союлуп казан-казан эт кайнап, ал кездеги чакан айылга чоң майрам болгон экен. Бул кишини космонавты тосушкандай тосушкан экен. Ошондо бир көкөлөп алганын, өкмөттүн ага ишенип жапжаңы тракторун алып келүүгө жибергенин эскерип, жеңилдеп алды жарыктык. Токсонго чукулдап калса деле тың, акыл-сезими кадимкидей экен. Эки саатка жакын жанында олтурган Акун тээ отузунчу жылдарга барып кайткандай болду.
Чолок көчөгө түшүп, төмөн карай жөнөдү.Тар келген көчө экен. Жолу да өөдүк-сөөдүк келип, жүрүүгө абдан ыңгайсыз экен. Жана башка көчө менен келген. Мындай экенин билгенинде келген эле жолго түшмөк. Эми кайра бурулуп жогору чыгуудан айныды. Жарымына келип калган. Эптеп чыгып кетем деген ниетте жыла берди. Бир жерге келгенде жол ортосуна дейре күл төгүп салышыптыр. Четирээк жагы чуңкур экен, араба ошондой өтөт окшойт. Коляска өтө ала турган көрүнбөйт. Күбөткө чукулдаса кулап калчудай. Күлдүн берки тарабында арык бар экен. Ошол жакка тартты. Айланып олтургандан көрө ушундан эптеп өтүп кетүүнү көздөдү. Колясканын алдыңкы дөңгөлөгү өттү да, арткы экөө такалып, чалкалап туруп калды. Өз күчү менен чыга албайт эле. Түшпөсө болчудай эмес. Ал балдактарын ала баштады. Ушул учурда арка жагынан:
– Олтура бериңиз, түртүп коёюн, – деген үн чыкты. Акун аркасына кылчайып Айгүлдү көрдү. Негедир өзүнчө ыңгайсызданып, ушундай учурда кезиккенине ичинен өкүнүп кетти.
– Аа, Айгүл, сенсиңби? Кайдан? – Акун башка сөз таба албай будалана калды. Анан: – Же мага жардам берейин деп күтүп жаттың беле? – деп тамашага чала сүйлөп, Айгүлгө карады. Ал уяң жылмайып:
– Жок, мен ушу көчөдө турам. Силерди терезеден көрдүм. Бул жерден өтө албай калганыңарды карап тургам. – Ал колясканы аркасынан түртүп чыгарып койду.
– Ыракмат, Айгүл. Бул жерден өтө алмак эмес экемин. Же мени келет деп түзөтүп койбоптурсуң.
– Келериңерди билген жокмун. – Ал ыңгайсыздангандай башын төмөн салды.
– Тамаша кылам, Айгүл. Баягы жумушуң эмне болду?
– Бүттү.
– Жолдошуң келбей калдыбы?
– Жок.
– Жакшы болуптур. Коркуп-үркпөй, тынч жашап калган турбайсыңбы.
– Ии. – Ал унчукпай калды. Бул келиндин сүйлөгөнүнө ал алымсынбай атты. Эки сөздүн башын кошуп, тыңыраак сүйлөй албайт окшойт. Алар унчукпай акырын төмөн баратышты.
– Ыракмат Айгүл. Мындан ары өзүм эле кетем. Убара болбо, – деди Акун бир маалда ортодогу тынчтыкты бузуп.
– Тетиги жерде дагы бир арык бар. Ошондон өткөрүп коёюн. – Келин эми коляскага катарлаша басты. Акун ичинен ага ыраазы болду. Катарлаша баратканына негедир сыймыктанып да кетти.
– Силерге ыракмат, – деди бир оокумда келин акырын.
– Эмне үчүн? – Акун ага түшүнбөй калды.
– Арызыңарга, – деди Айгүл тартынгандай. Анын көздөрү алайып, негедир чоң экенин азыр байкады.
– Аа, эч нерсе эмес. Бири-бирибизге колубуздан келген жардамыбызды беришибиз керек эмеспи. Антпесек эмнебиз адам. Туурабы?
– Туура. – Ал өзүнчө ыраазы болгондой жылмайып койду. Негедир жагымсыз жылмаят экен. Кайып келген бу ой учкуну көкүрөгүнө тык этти.
– Өткөндө сени бир арыктан өткөрдүм эле, эми сен мени өткөрдүң. Ошон үчүн адамдар бири бирине керек.
– Кайсы арыктан өткөрдүңөр эле? – Келин түшүнө албагандай, эстей албагандай карап калды. Буга Акун да таң кала түштү.
– Арызды айтып жатам. Аз да болсо анын жардамы тийбедиби.
– Аа, ооба. – Ал эми түшүндү. Кайрадан унчугушпай калды. Төмөнкү көчөгө жетишти. Бирок, жолдон жанагыдан башка эч кандай арык кезиккен жок.
– Эми эмне кылайын деген оюң бар? – Акун жөнсалды эле сурап койду. Ал токтоп калды.
– Үйгө кетем.
Акун бырс эте күлүп жибере жаздады. Өзүн зорго токтотуп калды.
– Жок, деги эле мындан ары эмне кылсам дейсиң? Же турмушка чыксам деген оюң барбы?
– Билбейм.
– Болуптур анда, Айгүл. Ыракмат, мындан нары жол түз. Эми шуулдаган бойдон кетем. – Акун анын колун кармап коштошту. Негедир аны менен болгон сөз такыр байланышпай койду. Андыктан мындан ары улантып отургусу келбеди. Коляскасын ылдамдата жүрүп кетти. Тээ кыйла жерге барып артына кылчайды. Келин жанагы ордунда дагы эле аны карап туруптур. Колун акырын булгалап койду. Акун да аны кайталады. Ушундан кийин гана ордунан козголуп, жогору, үйүтарапка басты. Капысынан болгон бул жолугушуу Акундун көкүрөгүндөгү уктап жаткан белгисиз бир сезимди ойготуп койгонсуду. Ал мурда үйлөнүү, үй-бүлө күтүү жөнүндө купуя ойлоп, купуя самап жүргөнү менен, ага чындап умтулуп аракет кылган эмес. Аракет кылган күндө деле мунусунан майнап чыгаарынан үмүт кылчу эмес. «Үйлөнүү үчүн, баарыдан мурда, адам өзүнүн абалына караш керек го. А мен үйлөнө ала турган абалдамынбы? Кош балдак менен жүрсөм Мингеним коляска болсо. Ушундай абалдагы жигитке арка-жөлөк боло турган, анын ысык-суугуна чыдай ала турган, тоодой тобокелге бел байлай турган аялзаты бар болду бекен? Балким, андай жан али төрөлө электир? Болгон күндө деле анын жолуна туура туруп, анын багына жолтоо кылып койбос бекен? Деги, ушундай жигит менен өмүр бою жашаган аял өзүн кандай абалда сезет болду экен? Бу жигиттин деги эле үй-бүлө түйшүгүн көтөрүүгө кудурети жетеби? Пенсиясы менен анча-мынча калем акысы менен үй-бүлөсүн бага алабы? Мунусу менен өзү кийинеби, же аялын кийинтеби, а ичкен-жегендеричи? Эми тыйын-тыпырды эптеп таап турат дечи. Ага чыккан аял өзүн бактылуу санай алабы? Кептин баары ушунда го. Анткени ар ким биринчи кезекте өз бактысын ойлойт да. Туура. Мындай болгон соң эмне үчүн мен өз бактым жөнүндө ойлобойм. Же мен эмне, адам эмесминби? Жарым жан болсом деле өз бактым жөнүндө ойлонууга, ага жетүүгө умтулууга аз да болсо акым бар эмеспи. Аракет кылсам ко-лумдан келе турган иштер деле бар экен. Азыр мурдагыдай мүңкүрөгөн бир алсыз жан эмесмин да. Эч болбоду дегенде өз жанымды өзүм багып кетүүчү абалдамын. Дагы тырышып, чоңураак нерселерди жазсам болот. Ага мүмкүнчүлүгүмдүн жетерине ишенем. Демек, эртеңки күндөн үмүтүм бар. Андай болгондон кийин эмне үчүн өз бактым тууралу ойлобошум керек. Эмне үчүн үй-бүлө күтүүгө умтулбашым, аракеттенбешим керек. Мен деле тирүү жан эмесминби. Бирок, мага аял боло турган, мени менен турмуш жолунда бирге басууга тобокелге бел байлай турган аялзаты барбы? Аны кайдан табууга болот? Балким, андай аял Айгүл болуп жүрбөсүн?» Акун ушундай ойлорго чайналып жүрдү.
…Клубда кандайдыр бир кино жүрүп жаткан. Экрандагы окуяларга Акун көңүл деле бурбады. Жана баштап алган аңгемеси оюнан чыкпай атты. Ал кийинки кездерде он чакты аңгеме, новелла жазып бүтүргөн. Алардын көпчүлүгү газета-журналдарга, айрымдары адабий альманахтарга жарыяланган. Мындан тышкары ыр да жазып жүргөн. Жакында «Ала-Тоо» журналына бир нече ыры басылып чыккан. Бул ал үчүн чоң кубаныч, чоң ийгилик эле. Эми аны айрым газеталар түз эле акын деп жаза башташты. Мындай сыймыкка бир чети уялса, экинчи чети чыйралып жүргөнүн сезчү.
– Жакшы деле кино эмес экен. – Кулак түбүнөн чыккан үн аны ойдон алаксытып жиберди. Жанында олтурган Жыпар экен. Бешимде кезигип «киного киргизбейсиңби» дегенинен ээрчитип келген. Болбосо бу кезде столунда тирмийип, машинкасын тыкылдатып олтурмак. Бир нерсени баштап алганда аягына чыкмайынча олтурганы олтурган. Жыпарга сөз берип койгондугунан эле келген. Ага эмне, жазган, жазбаганы менен иши эмне, ал үчүн киного кирүү эсеп эмеспи.
– Кетелиби, – деп сурады Акун үнүн акырын чыгарып.
– Эшикке чыгалычы.
Ай жарык эле. Экөө чоң жолго түшүп жогору жөнөштү. Асфальтта коляска жепжеңил жүрөт. Антсе деле жай баратышты.
– Кел, колясканын аркасына чыгып ал, –деди Акун оюн-чындан.
– Машина алганыңда түшөм. – Жыпардын үнү ишенимдүү чыкты.
– Жакшы тилегиңе ыракмат. Бирок көпкө күтүүгө туура келет го.
– Эмне үчүн? Сендей акынга машина алыш кыйынбы?
– Мени миллионер кылып таштадың го. – Акун күлүп калды.
– Эми азыр болбосоң, кийин болосуң да. Жазгандарың газет-журналдарга, китептерге тез-тез чыгып атпайбы. Көпчүлүк кишилер сени бай деп ойлошот.
– Ошондой болсо кана. Эмдигиче сен самаган машинаны алып зымырап жүрбөйт белем.
– Ага да жетесиң. Ошондо машинаңа мени саласыңбы, же башка бирөөнү жаныңдан чыгарбай көчө чаңдатасыңбы?
– Ошого адеп жетейинчи.
– Анан ойлонуп көрөм дечи.
– Ар нерсенин өз убагы бар эмеспи.
– Мени салгың келбейт. Туура, мендей аялдардан оолагыраак эле болгонуң жакшы. – Келиндин үнүнөн таарына түшкөнү сезилди.
– Койчу эми, жок немеге таарына бербей. Машина алсам эшигиңдин алдынан кетпей койбосом. Ошондо тажап да турарсың.
– Баса, Айгүл сени эле сурай берчү болду. Сени абдан сүйүп калыптыр, байкуш. – Жыпар шаңкылдап күлүп калды.
– Мени да сүйгөндөр чыгат экен ээ, тобо.
– Сен эмне, сүйүүгө татыксыз жигитсиңби?
Акун буга эмне деп жооп берерин билбегендей унчукпай калды. Ай жогорулаган сайын айлана жарык болуп баратты. Асман ачык эле. Жылдыздар бажырайып, жакын эле жерден көрүнгөнсүйт. Күзүндө жылдыздар негедир даана көрүнөт. Ушундай түндө көчөдө жүргөндүАкун абдан жакшы көрө турган. Эми Жыпар менен таң атканча жүрө берүүдөн тажабас эле. Алар чоң жолдон чыгып жогору, Жыпар кете турган көчөгө бурулушту. Бул жол таш болгону менен түз болучу.
– Чарчабайсыңбы Акун, – деп сурады Жыпар бир маалда.
– Жок, сендей селкини жандап баратканда чарчоо деген нерсеге бу жерде суутуп коюптурбу. Азыр сени менен тээ Фрунзеге чейин кете бермекмин.
– Мени сүйүп калган жоксуңбу?
– Сен эмне, сүйүүгө татыксыз аялсыңбы?
Жыпар шаңкылдап күлүп калды. Анын кирсиз, шайыр чыккан күлкүсү Акунга жага турган.
– Өзүмдүн суроом өзүмө тиерин ойлобоптурмун. Жазмакерлигиңе айла жок экен.
– Бирок, эки жооп бериле турган бир суроо жоопсуз кала берди го. Мейли эми, аны козгобойлу. Айгүл мени эмнеге сурай берет?
– Билбейм, кечинде бир кирип сени сурап кетпесе башы ооручу болду. Акун абаны көрдүңбү, ага кезиктиңби, мен жөнүндө сурадыбы деп эле эзмелей берет. Бир жолу ал сени арыктан өткөрүп койгон турбайбы. Ошондо ага абдан ыраазылыгыңды билдириптирсиң. Аны алиге эсинен чыгарбайт, байкуш. Дагы бир кызыгы – ошо сен өтө албай калган көчөдөгү арыкты кетмендеп, түптүз кылып коюптур. – Жыпар дагы күлүп калды. Акун Айгүлдүн мындай кылаарын түк ойбогон, күтпөгөн. Эми бу кабар аны ойго салып койду.
– Кызык келин экен да, мен аны тамашалап эле ушул жерди түздөп коюуң экен, деп койгом. Аны ал түз маанисинде кабыл алган тура.
– Ал сени ошол көчөгө келет деп күтүп жүрөт. Дөбө болуп жаткан күлдү жолго өзү төккөн. Эми анын баарын ташып, агороддун аягына алып барып салды.
– Өзүнчө эле бир убара тартып жүргөн турбайбы, бечара. Анча эмне азаптанды экен.
– Сүйөт да. – Жыпар кайрадан күлдү. Бирок, мунун эмнеси күлкү экенин Акун түшүнө албады. Көз алдына Айгүлдүн элеси тартылды. Негедир азыр ага жолуккусу, анын жанында болгусу келди. Бирок, бул жөнүндө ооз ачып үндөгөн жок. Унчукпай акырын кетип баратышты. Бир маалда Акун:
– Айгүлдүн ата-энеси барбы, – деп сурады.
– Бар. Ал – Үсөнбайдын кызы.
– Эмне? – Акун негедир селт дей түшкөнүн сезди. Үнү да башкача чыгып кетти. Жыпар ар бир сөзүн таптап туруп:
– Айгүл – Үсөнбайдын кызы, – деди. Бул Акун үчүн күтүлбөгөн кабар эле. Ачык күндө жарк эткен чагылгандай эле таасир этти. Негедир ичинин ачыша түшкөнүн сезди. Кымбат бир нерсесин колунан түшүрүп жиберип бүлүндүрүп алгандай, көкүрөгү бошой калгандай болду. Жан дүйнөсүндөгү эми жаңыдан бүчүр жарып келе жаткан үмүтүнүн чырпыгы чырт этип сынып түшкөндөй эңшерилди. Көз алдына Үсөнбай тартылды. Аны жакшы тааный турган. Элүүлөрдөн өтүп калган эткээл, сөөк-саактуу, бойлуу адам эле. Булдурап сүйлөгөндүктөн көп кишилер анын тилине түшүнүшчү эмес. Акыл-сезими кем болгону менен эмне айтып, кайда жумшаса ошо жакка кете берүчү. Өмүр бою колхоздун кара жумушунда иштеп, үй-бүлөсүн багып, беш бала багып өстүргөнүн Акун уккан. Кырманда эгин жүктөп, талаага селитра чачкан трактордо иштеп жүргөнүн далай жолу көргөн. Эс алып отура калышканда ар кимиси аны менен күрөшүп, ары-бери кубалашып ойноп кетише турган. Жаш-карысы болуп эле, аны эрмектей беришчү. Кээде жаш бала кылбаганды жасап жибере турган. Кийин Акундун үйүнүн жанындагы колхоздун нан бышыруучу үйүнө келип, кемпири экөө өгүздүн белиндей карагайларды таарып, майдалап жарып, ичкери киргизип беришчү. Ошончо отунду кантип жарып жатканын карап олтуруп, анын күчүнө таң калып кете турган. Ошо эмгеги үчүн канча акча алып жүргөнүн Акун билчү эмес. «Бечара Үсөнбайды ит өлчү жерге жиберишет, Кудайдын каарына калгырлар» деп атасы кейип айтып калганын да бир нече ирет уккан. Анда, чынында, анын нары табышмактуу, нары аянычтуу тагдыры жөнүндө далай укканы менен ой токтотуп көрбөптүр. А укканда эмне кылмак, ага көрсөтө турган кандай көмөгү бар эле. Анда-мында көрүп калганда ага болгон аяё сезими көз ирмем пайда боло калып, анан мындай болору менен өчүп кала турган. Ар кимдин өз жолу, өз көрөөр күнү бар эмеспи. Жашоонун ошо мыйзамы Акунду бул бечара адамдан оолактатып койгон. Өз күнүн эптеп кечирип жүргөн бул пенденин ушу Айгүлдөй кызы бар экенин ойлобоптур. Ал ак куба келген, бир көргөндө татынакай жүздүү, сулуусымак келин. Аны адеп көргөндө эле ушундай таасирде калган. Бир гана көп сүйлөбөгөнү болбосо. Эми келин көзүнө негедир башкача көрүнүп кеткенсиди. Ошо ажарынан капысынан эле ажырап кеткен сымал, ичи ачыша түшкөнүн сезди. Бирок, ага мынчалык эмне үчүн кабатырланып, ичи ачышып жатканын түшүнө албады. Балким, өткөндө ал жөнүндө ойлоп койгонунандыр. А ошо ою ошо боюнча эле калбады беле. Аны кайып келген көп ойлорунун бири катары гана эсинен чыгарып койгон. Эми күтүлбөгөн жаңылыкты укканда ошол ой кайрадан көкүрөгүнө келип урунду.
Түн жарымынан оогону качан. Ай батып кеткен. Акундун столунда тунжурап олтурганына эки-үч сааттан өттү окшойт. Баштап койгон аңгемесине бир сөз кошо албады. Аны башынан окуп келатып, кайра таштады. Ою куюн тийген кумдай чачырап, бир жыйынтыкка келе албай койду. Анан Айгүлдүн Үсөнбайдын кызы экенин, анын көчөдөгү арыктарды түздөп, өзүн күткөнүн, күндө Жыпардан сурай берерин ойлоду. Неге анча убара болуп жол түздөгөнүн, эмнеге күтүп жүргөнүнө чынында түшүнө албады. Балким, Жыпар айткандай жакшы көрүп калгандыр. Болбосо анчалык азаптанып эмне. А чын эле ошондой болуп калсачы. Анда эмне болот? Үйлөнүү жөнүндө сөз козгоп көрсөчү? А эмне, Үсөнбайдын кызы болсо эмне экен? Ал адам эмес бекен? Ошондой тагдырга кабылып калгандыгы үчүн ал киши айыптуубу? Же анын кызы болуп калгандыгы үчүн Айгүл күнөөлүүбү? Ага деле бирөө үйлөнүптүр го. Жөн гана багы жокко дагы жок дегендей бир аракечке туш болгонун кара. А мындайынан алып караганда анча деле жаман келин көрүнбөйт го. Турмуштун запкысына басырылып, чүнчүп жүргөндүгү көрүнүп турат. Анысынан арылып, көңүлү өссө жакшы болуп кетер. Жакшы мамиле, өз ара сыйлашуу, түшүнүшүү – бекем үй-бүлөнүн негизи болот эмеспи. Башкаларын айтпаганда да булар Акундун колундагы нерселер го. Анын үстүнө ичкилик ичпесе, тамеки тартпаса. Жашырган менен эмне, чынында ага кыздар чыкпайт. Анткени алардын кыялдары асманда эмеспи. Турмуштун жан ачыштырган шапалагы аларга чабыла элек. Бул жагынан алганда Айгүл ылайык келүүчү жан. Балким, бул анын турмушундагы бирден бир мүмкүнчүлүктүр. Аны колдон чагырып жиберүүгө болбойт чыгаар. Аракет кылып көрсө кантет? Мүмкүн Айгүл деле жок дебес. Ал түгүл Жанара деле кезегинде… Капысынан эсине ал тык этти. Жок, аны унуткан эмес. Бирок, мезгил өткөн сайын ал жөнүндөгү ойлор, анын элеси акырындык менен алыстап, күңүрттөнүп бараткан. Эми кайра ачык күндө жарк эткен чагылгандай эсине түштү…
Андан бери арадан туура он жыл зуу койгон экен. А кезде жаштардын газетасына Шекендин чоң макаласы жарыяланган. Анда Акундун тагдыры, чыгармачылыгы жөнүндө кеңири сөз болгон. Макала жүрөк козгогон сөздөр менен таасирдүү, көркөм жазылган экен. Ошондуктан аны көптөр окуп, туш тараптан Акунга бир топ каттар келген. Мугалимдер, газет кызматкерлери, балдар, кыздар жазышкан экен. Акундун тагдырына кайдыгер эместиктерин билдиришип, чыгармачылык ийгиликтерин каалашкандыктарын жазышкан. Бул каттар ага демөөр болуп, көңүлүнө куш кондуруп койду. Ошо каттардын арасында Жанара аттуу кыздын жазган каты өзгөчө бир жылуу маанайда экен. Кийин ал такай жазып турду. Сүрөттөрүн салып жиберди. Онунчу класста окуйт экен.
Барган сайын экөөнүн каттары тереңдей берди. Акундун жүрөгүндөгү унутулуп бараткан сезимди кайрадан козгой баштады. Эми ал баягы Анаранын бош калтырып кеткен жан-дүйнөсүндөгү аңгыраган орунду Жанара ээлеп алды. Бирин-бири кубалашкан кымбат каттар экөөнүн ортосундагы бекем көпүрөгө айланды. Орто мектепти бүткөн Жанара Фрунзеге келип медициналык окуу жайына өттү. Эми кезигишип, жүз көрүшсөк деген аруу тилек экөөнү тең дегдетип жүрдү. Ал бир катында: «Акун, сен мени туура түшүн. Мени аяп жатат деп ойлобо. Ырас, сенин тагдырың аянычтуу. Менин жүрөгүмдү оорутат. Мунумду мойнума алам. Бирок, бул негизгиси эмес. Сени мага жакындатып турган нерсе – сенин эрктүүлүгүң, эстүүлүгүң, бул каттарыңдан сезилип турат. Анан да сенин чыгармачылыгың. Мен башынан журналист болгум келе турган. Бирок, сенин тагдырыңды окугандан кийин врач болгум келди. Сага каралашып, жаныңда болгум келди. Түшүнсөң, бактыңа аралжы болгум келет» – деп жазыптыр. Бул аны кыйлага эсин эңгиретип койду. Бир ишенип, бир ишене албай, ошол эки нерсенин ортосунда чайналып жүрдү. Ар бир катында чакырып, кезигишүүнү каалаганын билдирип жатты. Өзү да бир көргүсү келип, жүздөшүүнү эңседи. Ал жанына тынчтык бербей, акыры жолго алып чыкты.
Күрү-гүү түшкөн борборго түштөн кийин кирип келди. Автовокзалдан таксиге олтуруп, медициналык окуу жайынын жатаканасына заматта жетип келди. Жүрөгү алып учуп, муундарын майда калтырак басат. Мурда баш бакпаган ажайып бир дүйнөгө кирип барчудай, ошо дүйнө анын бүтүндөй турмушун, жашоосун өзгөртүп жиберчүдөй өрөпкүйт. Үч жылдан бери кат менен гана, кагаз менен гана сырдашып келген кыз эми өзү чыгып, бет маңдай кезигет. Анын жүзүн көрүп, колун кармайт. Сөзүн угат, демин сезет. Ким билет, чынында эле ал анын бактысы, анын тагдырыдыр. Күңүрттөнгөн тагдырына күйө турган жаркын жарыктыр. Ошол жарык эми аны өмүр бою коштоп жүрөр. Анын өксүгүн азайтып, кемтигин толтура турган керемет кудурет болор. Оо, андай болгондо тагдырына карата катылган ич күптүүсү, таарынуусу көз ирмемде жок болуп кетмек. Анда бу дүйнөдө андан ашкан бактылуу, андан ашкан жолдуу адам болмок эмес. Сүйгөн жанга жетүүнүн өзү эле бакыт го. Мындан башка ага дагы эмне керек. Канат бүтүргөн ушундай ойлордун жетегинде жатаканага кирди. Эшик тозгон аялга кайрылды:
– Жакшысызбы, эже?
– Жакшы, кел. Кимге келдиң эле?
– Жанара деген кызга. – Ал негедир айыптуудай башын жерге салды. Тигил аял сынагандай бутунан башына чейин көзү менен сыдырып өттү. Акун эмнегедир ичиркенип алды.
– Кайсы Жанара, канчанчы бөлмөдө жашайт?
– Анысын билбейт экемин. Фамилиясы Алышбаева.
Аял столунун алдынан бир калың журналды алып чыгып, кыйлага барактады. Бир маалда тапты окшойт, эки жагын карап калды. Экинчи кабаттан тыпылдап түшүп келе жаткан бир кызды токтотту:
– Толкун, сен токсон алтынчы бөлмөдөн белең?
– Ооба эже.
– Силер менен Жанара деген кыз турабы?
– Ооба.
– Чакырып койчу, айланайын. Бу жигит издеп келиптир.
– Ал эми эле тышка чыгып кетти. Нанга кетти окшойт. Тез эле келет. Күтө туруңуз. – Кыз Акунду бир кылыя карап алды да, чуркаган бойдон чыгып кетти.
– Тигил диванга олтуруптур тур. Нанга кетсе азыр эле келет, – деди аял. Акун терезеге жакын коюлган эски диванга барып олтурду. Чекесиндеги терин сүрттү. Жүрөгүн бир аз басып алгысы келип, терең-терең дем алды. Бирок, дагы эле муундарынын калтыраганы басылбай жатты. Мына, азыр кезигет. Бул күндү көптөн бери күтпөдү беле. Баса, биринчи көргөндө кандай абалда болот болду экен. Аны менен кандай учурашып, эмне деп сүйлөшөт? А Жанара аны адеп көргөндө эмне болоор экен? Кубанса керек. Кезигели деп жазып жүргөнүнө канча болду. Иши кылып тез эле келсе экен. Ушу ойдон ажырай албаган Акун эшик ачылган сайын өзүнчө дирт этип, ал жакты жалт карайт.
Бу жер тар экен. Нары-бери балдар, кыздар тынбай өтө беришет экен. Алардын жүздөрүндө шайырдыктын, шаңдуулуктун нуру жанып турганы билинет. Жаштыктын асабасын көкөлөтүшкөн балдар-кыздар күлкүлөрү төгүлүп өтүшөт. Алар Акундун бутун, жөлөй коюлган балдагын көз кырынан сыдырып өтүшөт. Бу өксүк адам аябай кыраакы болуп калат тура. Ошо көз караштардын «бу байкуш мында эмне кылып жүрөт, же адашып келдиби. Биздин студенттик шайыр турмушка эч коошпой турат» деген шооратты сезет. Адеп буга анча моюн бербеген Акунду бул сезим барган сайын салмактантып баратты. Ал көңүлүндөгү эмелеки канатты кайрып, учтарынан кыркып кыскарта берди. Жанагы бакыт даамданган ойлордун ордун эми башкалары алмаштырды. Ал көкүрөгүн ийнедей сайгылап кирди.
«Эх, Акун, сен али эселек бала турбайсыңбы. Сен өзүңдү сыртыңдан бир карап көрчү. Көрдүңбү? Ким экенсиң, кандай экенсиң? Эми бул балдарга көз жибер. Айрымасы бар бекен, аны көрө алдыңбы? Анан кантип Жанарага колуңду сунуп жатасың? Ал жаңыдан ачылып келе жаткан кызыл гүл да. Ошону үзгөнү жатпайсыңбы. Даңгыраган жолуна туура ташталган тосмо болгону жатпайсыңбы. Ооба, ал кыз сени бактыга жеткирет. Арка-жөлөк болуп, кыйчалыш турмушуңду алда канча жеңилдетет. Буга ишене берсең болот. Бирок, сен аны ошо бакыт деген нерсеге жеткире аласыңбы? Анын ийнине түшкөн оор жүктү аркалап, жеңилдете аласыңбы? Ал азыр жаш. Турмуш жүгү эмне экенин түшүнө элек, көрө элек. Ошо жаштыгына салып, сени бактылуу кылам деп жатат. А кийин түшүнгөндө кеч болуп калат. Ошондуктан ойлон. Өзүңдү гана эмес, кырчындай солкулдаган кыз тагдырын ойло. Ал гүлдөй ачылууга, бакыттын сересине чыгууга жаралган. Ошого татыктуу. Демек, ал гүлдү үзүүгө акың жок. Тур, бул жерде олтурба. Тез кет. Ал сени көрүүгө тийиш эмес. Өз жолуң менен бол. Анын жолу башка. Ошол жолдон адаштырба. Тез кет, тез кет». Ушул ойлор сезиме балка болуп чакылдап урулуп жатты. Жанагы сезим да канаттарын түбүнөн мүлжүп мулуйтуп таштаптыр. Эми туруп кетпеске эч аргасы калбады. Дагы бир аз олтурса көз жашына ээ боло албай калчудай.
– Эже, Жанарага балдакчан жигит издеп келди деп айтпай эле койсоңуз, – деди эшик алдындагы аялга. Үнү да кардыгып, өзүнүкүнө окшобой чыкты. Шарт бурулду. Өтүп бараткан таксиге кол көтөрдү. Ал өтө берип токтоду.
– Протез заводуна жеткирип коюңузчу, – деди ал ый аралашкан үнү менен. Эми ал кыстап келген ыйына эрк берип койду. Фрунзенин кымгуут түшкөн көчөсүндө букулдап ыйлап баратты. Өзүнүн тагдырына эми таарынып, өзүнүн кем экендигин, өксүк экендигин эми билгендей, эми түшүнгөндөй, ошого арман кылгандай өксүп баратты. Балким, башына коно турган куттан, бешенесине төгүлө турган бакыттан качып баратты. Ошондон көп өтпөй Жанарадан кат алды. Анда ал: «Акун, бул эмне кылганың? Кездешчү күндү ушунчалык күтпөдүм беле. Атайын келип, анан жүздөшпөй кеткениңе түк түшүнбөдүм. Вахтер эже сенин күтүп олтуруп, кетип калганыңды айтканда тышка чуркап чыктым. Кайсалап эки жакты карадым. Бир аз жогорураакта таксиге түшүп жатыптырсың. Чуркап жөнөдүм. Жете береримде жүрүп кетти. Кыйкырган үнүмдү укпадыңар. Вокзалга барып акыркы автобус кеткенче жүрдүм. Эртеси эки күн вокзалды акмаладым. Таппай калдым. Айтчы Акун, неге ушинттиң? Же мен жөнүндө жаман сөз уктуңбу? Же бир шашылыш жумуш менен жүрдүң беле? Эгерде сен келе албасаң мен барайын», – деп жазыптыр. Ал кызга бир гана: «Келбе!» – деген сөздү жазып жиберди. Ошо сөздү, болгону бир гана сөздү жазыш үчүн кандай азаптанганын айтыш кыйын. Анткени ал сөз калем менен эмес, жүрөктөн сызылып чыккан кан менен жазылган…
Азыр ошол жүрөк канаткан окуяны эстеп терең үшкүрүп алды. Ошондо туура кылдыбы, же жаңылып калдыбы – ал үчүн белгисиз эле. Эми дагы бир жолу ошондой окуянын кайталанышын каалабайт болучу…
Дарак бутактаган сайын тамырын тереңге жиберет. Себеби ал ошонусу менен бекем, ошонусу менен түптүү. Негизинде адам деле ошондой. Тирүүлүккө келдиңби – биринчи вазийпаңды аткар. Ата бол, эне бол. Тукум ула, артыңа урпак калтыр. «Ата» деп айтаарга уулуң болсун. «Эне» деп айтаарга кызың болсун. Бул биринчи вазийпаң. Ушуну аткарган болсоң өмүр сага бекер берилбегени. Бирок, тирүү жандын вазийпасы ушуну менен эле чектелип калбайт. Андан кийин калгандары да бар. Алар бирин-бири улай беришет. Ошо биринчи вазийпа кезегинде Акун үчүн өмүрү аткарылбас, колдон келбес, тээ асмандагы жылдыздардын арасындагы нерсе катары көрүнчү. Көрсө жаңылыптыр. Адатта жалгыз дарак токой болбойт, бул эзелтеден белгилүү. Ал эми жалгыз адамдындын жашоосу толук кандуу болобу? Албетте жок. Канаттуу куш жалгыз канаты менен уча албайт эмеспи. Анын үстүнө жарым жан адамдын жалгыз жашашы кош канатынан бирдей ажыраган куш сыңары го. Мүрүсүнөн сынган канаттары менен талпынган Акун үмүттүн жылоосун колунан чыгарбай, дайыма алдыга умтулуп көнгөн. Аны улам бир бийик чоку өзүнө чакыра берүчү. Ошо үмүт менен чакырык акыры аны Айгүл менен кошулууга данакер кылды. Бул анын турмушунда чоң өзгөрүү киргизди. Эми ага жакындан арка-жөлөк болуучу адам бар. Анын маңдайына жалаң гана өксүк менен арман жазылбаптыр. Ошо маңдайы кубанычтан жарыла турган да учур шыбагаланыптыр. Айгүл экөө эки уулдуу болушту. Ошентип, ата болуу вазийпасын аткарды. Айгүлдү орто мектептин техникалык жумушуна киргизип койгон. Үч-төрт жыл мурда жумушчу жаштардын кечки мектебин бүтүрүп, жетилүү аттестатын алган. Фрунзедеги бухгалтериялык бир жылдык курсту да бүтүрүп келген. Бирок ага бухгалтериядан орун таап беришкен жок. Ошентсе деле колхоздун архивине орноштурушкан. Күнү бою чаң баскан сары кагаздарды иреттеп, керектүүлөрдү таап тийиштүү маалыматтарды көчүрөт. Баары бир бул деле жумуш. Ошентип, ал бул учурда эмгектенүү деген вазийпасын да аткаруунун үстүндө. Үч дөңгөлөктүү коляскасынын ордуна майыптарга ылайыкталып жасалган кичинекей машина алган. Бул да ал үчүн чоң жеңилдик болду…
– Дагы эле олтурасыңбы, уулум?
Күтүлбөгөн жерден чыккан үндөн Акун чочуп кетти. Башын шарт көтөрдү. Жекше карыя экен. Анын келатканын ойго батып олтурган Акун байкабаптыр.
– Азыр кетем деп олтуруп эле… – Акун андан аркы сөзүн уланта албай мукактанды.
– Түшүнөм, уулум. Жаныңа күйгөн жакын адамдан ажыроо оңой эмес. Кантесиң, бешенеңе жазып койсо айла жок тура, уулум. Бул жерде олтурганыңа эт бышым убакыт өттү. Дарбазадан баш чыгарып улам карап коём. Кардың деле ачты го. Кел уулум, жарма менен нан алып келдим. Өзөк жалгап ал. Бу карыганда адамдын жаны таттуу болуп калат көрүнбөйбү. Апаңдын чыпалагы ооруса деле ооруканага чуркачу болду. Сага чай берейин десем апаң үйдө жок. Баертең эле ооруканага кетти эле, эмдичиге жок. Быйыл шайманы бош, бечаранын.
– Чоң ыракмат, аба. Убара болбой эле койсоңуз болмок экен. Ачка деле болгонум жок. Азыр кетем.
– Эмненин убарасы. Пендечиликте бири-бирибизге каралашпасак болобу. Келегой, өзөк жалгап ал. – Ал арыктын кырына газет жайып, ага нан менен желим бөтөлкөгө куюлган жарманы койду. – Шашпай олтуруп шам-шум эт, айланайын. Менин бара турган жерим бар эле. Мага караба. – Ал жанагы калыбында колун аркасына алып бүкүрөйө басып кетти. Аны кыйлага карап олтурду. Дүйнөнүн уюткусун жакшы адамдар түзөт дешет. Мунусу да туурадыр. Антпегенде дүйнө көңтөрүлүп кетет беле. Бирок, жакшынын шарапаты өз учурунда билинбейт турбайбы, бааланбайт турбайбы. Пендечилик деген, көрсө, ушунда экен. Мына ушу чүкөдөй абышканын бу жакшылыгына эмне менен жооп кайтарууга болот? Балким, ал өзү муну жакшылык кылдым деп санаган деле жоктур. А Акун үчүн бул айтып бүткүс жакшылык эле. Ага көңүл буруп, буга чейин чогуу келип, кобурашып олтурганы эле канча. Аны дарбазасына кирип кеткенче көз менен узатып койду.
Жашоо деген абыгерчиликтин көйгөйүн, кайгы-касыретин бүт өзүнө сиңирип, койнуна терең катып алган бейит ичтен тына мостоёт. Түрдүү өлчөмдөгү, түркүн түстөгү таш бетине чапталган сүрөттөрдүн баары эле Акунга карап тунжурашат. Ким билет, балким анын тирилигине суктанып, өзүлөрүнүн ошо тириликтен ажырап калгандыктарына өксүп жатышкандыр. А балким, жашоо деген миң алектүү нерсенин зылдай жүгүнөн али кутула албай, ушу жерде муңайып отурган жигитти аяп, өзүлөрү ошо жүктөн кутулуп кетишкендиктерине ичтеринен кубанып жатышкандыр. Күтүлбөгөн ушул ой көкүрөгүнө келип урунган Акун негедир өзүнчө жылмайып алды. Жок, деди ниетинде, андай болушу мүмкүн эмес. Миң күндүк караңгылыктан – бир күндүк жарыкчылык артык. Бул ата-бабалардын кылымдар бою аздектеп келаткан философиясы. Ошо жарыкчылык оорчулугу менен, азабы менен, тозогу менен кымбат. Ошонусу менен баалуу. Салмакты сезбей туруп жеңилдин кадырына жетпейсиң. Андыктан ага миң азаптан бүтсө да бир күндүк жарыкчылык кымбат. Ошого кумар, ошого куштар. Ободо аны коштогондой торгой дале безеленет. Ал тынымсыз «жарыкчылык, жарыкчылык» – деп аткансыйт. Ошого аны чакырып, үндөп жаткансыйт. Ооба, ал Акунду өзү менен кайдадыр ээрчитип жөнөдү…

* * *

Текчелерге шыкала тизилген папкалар. Алардын ичиндеги саргайган кагаздарда адам өмүрүнүн урунттуу учурлары сакталып турат. Көпчүлүгүнүн четтери үбөлөнүп, жыртылган. Этияттап ачпаса шарт айрылат. Ошо айрылгандарын акырындык менен чаптап, жаңы папкаларга салып, сыртындагы номерлерин, документтин аталашын жазып чыгуу, аларды кайра өз ордуна жайгаштыруу, пенсия жашындагы адамдардын тиешелүү документтерин таап чыгып, керектүү маалыматтарды чогултуп, ирээти менен жазып берүү кыйла машакаттуу жумуш. Анын үстүнө көп жылдан бери турган кагаздар чаңга басырылып калган. Акырын, кылдаттык менен ачпаса чаң буртулдап, тамакты ачыштырып, көздөн жаш куюлтат. Бирок, Акун бул ишине нааразы эмес. Негизгиси – жумушу бар. Келген адамдардын өтүнүчтөрүн колунан келишинче сапаттуу, өз убагында жасап берүүгө далалаттанат. Алардын бир ооз эле «ыракмат» деп койгондору ал үчүн канча сыймык.
Эшиктин ачылышы столго үңүлө отуруп алып кагаз жазып жаткан Акунду баш көтөрттү. Жунуш карыя экен. Ал жакындан бери пенсияга чыгам деп, документ даярдап жүргөн.
– Салом алеким, аба. Келиңиз, олтуруңуз. – Акун маңдайындагы отургучту көргөздү.
– Алеки салам, Акун. Менин кагаздарым бүттү болду бекен деп эле кирип калдым.
– Сизге тиешелүү бул жердеги баардык кагаздарды карап чыктым, аба. Кырк төртүнчү жылдан элүүнчү жылга чейинки алты жылыңыз жөнүндө эч маалымат жок экен. Ал кезде колхоздо иштебептирсиз.
– Туура, анда мен Кызыл-Суу айылындагы уй сарайда бадачы болуп иштегемин.
– Анда Кызыл-Суу айылындагы архивден караттырыш керек. Эгер анда жок болсо райондук архивде болот. Мен ал жакка өтүнүч кат жазып берейин. Барсаңыз таап беришет.
– Анысы кай жеринде болду экен?
– Аялдаманын жанында, эшиги көчөнү карап турат.
– Ыракмат, айланайын. Ошону менен бүтөбү?
– Бүтөт, аба. Мынакей, бул жактагы бардык маалыматтарды ирети менен жазып койдум. Буларды райсобеске бересиз.
– Ырахмат, Акун. Өркөнүң өссүн айланайын. – Карыя кагаздарды кылдаттай бүктөп, төш чөнтөгүнө салды да, чы-гып кетти. Акун жана жазып аткан кагазына кайра үңүлдү. Үч-төрт сап жазгандан кийин эшик кайра ачылды. Жыпар кирди.
– Түштөнүүгө барган жоксуңбу, Акун?
– Жумуш көп болду, улам бирөө кирет. Аларды таштап кете албай эле отуруп калдым.
– Колхоздун жумушу бүтмөк беле, ушинтип ачка олтура берип ментиңден тайып каласың. Келген кишилер бир-эки саат күтүшсө эч нерсе болбойт.
– Анча-мынча ачка болуп койсом эч нерсе болбос. Келген кишилерди зарыктырганды жинимдей көрөм. Алар деле шапар тээп жүрүшкөн жери жок да. Анын үстүнө ар ким өз ишин түзүктөп иштегени ийги эмеспи.
– Эми сендей чоң жазуучу менен талашып болобу. Сени парторг чакырып атат.
– Эмнеге?
– Билбейм, редакциядан бирөөлөр келди го. Жөн жүрбөй дагы бир балээни чукуп жибергендирсиң да.
– Эмне, жазуучулардын баары эле балээ чукугуч деп ойлойсуңбу?
– Кой, экөөбүз акыйнек айтышып олтурганча парторгдун чый-пыйы чыгып кетет. Чоңдорду күттүрбө. Ачкычың кана, эшигиңди бекитип берейин.
Акун парторг Жаныштын кабинетине кирди. Анда райондук газетанын редактору Жоомарт Жумалиев олтуруптур. Ал ордунан туруп келип, Акун менен кол алышып учурашты.
– Кандай Акун, жакшы жүрөсүңбү, иштериң кандай?
– Жакшы аба, өзүңүз кандайсыз?
– Жакшы, ыракмат. Кел, олтур. Сага билдирип коё турган жакшы кабарыбыз бар. – Ал Акундун отурушун күтүп, Жаныш тарапты карады. Ал киши да бир нерсеге ыраазы болгондой маанайынан нур чачырап тургансыйт.
– Ооба, Жоомарт Жумалиевич, чынында эле бул кабар Акун үчүн да, биздин колхоз үчүн да жагымдуу. – Жаныш ансыз деле артына жапырылып турган чачын сылап-сылап койду.
– Албетте. Ашыра айтпаган болсом бул биздин газетабыз үчүн да сыймык. Анткени Акун биздин эң активдүү кабарчыбыз эмеспи.
Акун сөз эмне жөнүндө болуп жатканына түшүнө албай, тиги экөөнүн улам бирин карап коюп олтурду. Кандай жакшы кабар болуп кетер экен деген тынчсыздануу да пайда боло баштады. Муну сезгендей Жоомарт Жумалиевич сөздү салмак менен баштады:
– Өзүңүзгө белгилүү болгондой, Жаныш Шамбетович, басма сөз күндөлүк турмушубуздун күзгүсү эмеспи. Коомубуздагы, чарбалардагы жетишкендиктер менен катар айрым бир көз жаздымда калган терс көрүнүштөрдү басма сөз беттеринде чагылдырмайынча алга жылуу кыйын. Мына ушу маанилүү саясий кампанияны жүзөгө ашырууда чарбалардагы кереге гезиттер да өз салымдарын кошуп жаткандыгы анык. Ошондуктан бул газеталардын таасирдүүлүгүн, көркөмдүгүн күчөтүү максатында партиянын райондук комитети жана биздин редакция тарабынан конкурс жарыяланган. Жакында ошол конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Биринчи сыйлык, Жаныш Шамбетович, сиз жетектеген партиялык уюмдун «Коммунист» аттуу кереге газетасына ыйгарылды. Сыйлыкты райкомдон аласыздар. Мен бүгүн бул жагымдуу кабарды билдирип коюга ашыгып келип калдым. Мунун да себеби бар, Жаныш Шамбетович, бул сыйлыкты жеңип алууда «Коммунисттин» редактору Акундун чоң үлүшү бар экендигин белгилебей коюшка болбойт. Кандай дейсиз? – Ал Жанышка карап саамга унчукпай калды.
– Туура айтасыз, Жоомарт Жумалиевич. Акун биздин газетабыз үчүн колунан келген баардык аракетин көрүп жатат. Биз ага ыраазы экенибизди билдиребиз.
– Бул, албетте, жакшы нерсе. Биз бул жигиттин аракетчилдигин, мээнеткечтигин жакшы билебиз. Мүмкүн болушунча ага ар тараптан көмөк көрсөтүп туруу керек. Сен, Акун, өз ишиңе эмне тоскоолдук болуп жатса эч тартынбай Жаныш абаңа айтып тур. Сенин пикириң боюн «Коммунист» газетасы дагы кандай иш-чараларды жүргүзүү керек? – Ал сынагандай Акунду көңүл коё карап калды. Акун мындай суроону күткөн эмес. Ал чыгарган кереге гезит конкурста биринчи сыйлык алаарын ойлогон эмес. Ошондуктан ал азыр эмне айтаарын билбей апкаарый түштү. Чынында анын эмгеги аз да болсо бааланып, минтип редактордун өзү келип сүйүнчүлөп олтурушу чоң кубаныч эле. Анын үстүнө Жоомарттын андан пикирин сурап турушу аны чыйралдырып жиберди. Ички толкундануусун басып, салмактуу сүйлөөгө тырышты:
– Бул чынында эле кубанычтуу кабар экен, Жоомарт аба. Жакшы кабарыңыз үчүн ыракмат. Мындай болот деп ойлогон эмес элем. Эми бул гезиттин таасирдүүлүгүн дагы арттыруу үчүн анын органы болгон партиялык уюмдун чоң жардамы керек. Чынында бул жетишсиз болуп жатат, Жаныш абам жаман көрбөсүн. Партиялык уюмдан жетиштүү маалыматтарды өз убагында алыш кыйын. Гезиттин ишине коммунисттер тартылбай жатат. Алар материал жазып беришпейт.
– Мындан ары мунун баарын эске алабыз, Акун. Мына, Жоомарт Жумалиевичтин көзүнчө убадамды берип коёюн. Бу сен сөздүн удулун келтирип айттың. – Жаныш карсылдап күлүп калды.
– Дагы бир маселе, Жаныш аба, муну көптөн бери айтып жүрөм. «Коммунисттин» тактасы абдан эскириптир. Анын үстүнө көлөмү талапка жооп бербейт. Мен жаңы тактанын чиймесин даярдатып койгомун. Ошону жакшылап жасатып берсеңиз эң сонун болор эле.
– Муну бүгүн эле колго алууга болот. Чиймең кимде?
– Акжолдо.
– Аны карап көрөлү. Жакшы болсо бүгүн жасатып берем.
– Эмесе, ишиңерге ийгилик каалайм. Чыгармачылыгың өркүндөй берсин, Акун. – Жоомарт анын колун бекем кысты. Ал үйүнө көңүлдүү келди. Редактор таштап кеткен жагымдуу кабардын жылуу илеби аны көпкө дейре коштоп жүрдү.

* * *

Столго өбөктөп алып, кыйладан бери баш көтөрбөй жазып олтурган Акундун бели зыңкыйып, кыймылдатпай калды. Ал калемин кагаз үстүнө коюп, эки колун жогору көтөрө чалкалай чиренди. Бүт денеси талыкшып, салмактанып калыптыр. Көздөрүда тунара түшкөн. Саатын карады. Алты жарым болуптур. Контордо иштегендер небак жай-жайларына кетишкен. Бөйрөктүү папкаларга жык толгон чакан бөлмөнүн ичи күңүрттөнө баштаган. Али күн бата элек болсо да терезенин түбүндө калың бак өскөндүктөн эзели анын нуру баш бакпайт.
Ал ордунан туруп терезеге басып келди. Негедир көчө ээн. Контордун катарынан орун алган сельсоветтин имаратынын алдында эки киши турат. Алардын бири Акундун Докен деген теңтушу экен. Адатынча дагы алагүү окшойт. Ниетинде анын бул тарапка келбей кетип калышын каалады. Ал мында келсе кутулуш кыйын, бир бөтөлкө алып бермейинче жармашканы жармашкан. Акун ага көрүнбөй кетип калгысы келди. Кагаздарды жыйнап баратып, кайра айныды. Бир аз жери калган. Абыл карыянын документтерин жазып жаткан эле. Ал киши эртең менен бул кагаздарды райсобеске өткөрөм, мүмкүн болсо бүгүн бүткөрүп берсең деп өтүнгөн болучу. Ал киши согуштун майыбы болгондуктан бир таяк менен баса турган. Андыктан аны убарага кылгысы келбеди. Жарыкты күйгүзүп ордуна олтурду. Биротоло бүткөрүп коюп санаасы тынч кетүүнү ойлоду.
Бир оокумда эшик акырын ачылды. Акун баш көтөрдү. Айгүл экен. Негедир кабагы салыңкы. Ал бөлмөнү көзү менен сыдырып өттү.
– Жалгыз олтурасыңбы? – Анын үнүндө кандайдыр бир таң калгандыктын, анан шылдыңдагандыктын белгилери бар эле.
– А ким менен олтурушум керек эле? – Акун анын бул суроосуна негедир кыжырдана түштү. Бирок, анысын билдирбөөгө аракеттенди.
– Капырай де, качантан бери бирге олтура турган кишисиз калдың эле. – Ал кергиштей басып анын маңдайындагы отургучка барып олтурду. Акун анын мунусун жакшы түшүнөт. Кирип келип кабинетти сыдырып өткөнү да жөн жеринен эмес. Эгерде азыр мында Жыпар болгондо чоң чыр чыкмак. Ушуга ичинен шүгүр келтирип алды. Сөз нугу кай тарапка багытталганы турганын сезген Акун аны башка тарапка бургусу келип, жөн салды гана:
– Жумуштан чыктыңбы, – деп сурап койду.
– Жумуштун бүткөнү качан. Же колхоздун жумушу сенсиз бүтпөй калганбы?
– Бул кагаздарды эртең райсобеске алып бармак экен, бир жолу бүткөрүп кетейин деп олтуруп калдым.
– Эмне, эртеңден калса дүйнөнүсел каптап кетет бекен?
– Ошондо эле сенин телегейиң тегиз болуп, бөксөң толуп кетет беле? – Акун кайра келе калган кыжырын күч менен басып токтоо унчукту. Аялы менен акийнек айтышып олтургусу келбеди. Ал ушундан жедеп тажап бүткөн. Эптеп ушу ишти бүткөрүп коюп тез эле кетип калгысы келип турду. Ачка болгонун да эми сезди.
– Ушундан көрө баардыгы тыйпыл болуп кеткени жакшы болмок.
– Айтчы Айгүл, сен неге нааразысың? – Акун калемин кагаз үстүнө таштап койду. Эми ал баары бир ишин уланта албайт эле.
– А сен эч нерсеге түшүнө элексиңби?
– Эмнени түшүнүшүм керек?
– Бир заматта келесоо болуп чыга келет. – Ал стол үстүндөгү калың папканы алып туруп, тигиндей таштады. Ичиндеги кагаздар чачылып кетти. Айрым барактар жерге түштү. Акундун колдорун майда калтырак басып кетти. Өзүн-өзүн токтотуу үчүн чөгөлөп жерге олтурду да, чачылган кагаздарды чогулта баштады. Аларды папкага салып, текчедеги өз ордуна койду. Анан жазып жаткан кагазына үңүлдү.
– Сен эмне, бүгүн ушул жерде түнөйүн дедиңби, же күткөнүң барбы? – Айгүл аны жекире карады.
– Айттым го, мобул документти бүткөрүп коюшум керек. Жарым саатта бүтүп, бир жолу кетейин.
– Кагазыңа шылтоолобой эле кой. Тигиниң келеттир да.
– Кимди айтып жатасың?
– Койчу Акун, сага акчыланган жарашпайт. Анын эмнесин жашырасың.
– Ой, эмнени, ким жөнүндө айтып жатасың, түшүндүрчү деги.
– Акчыланба деп атам. – Айгүл кыйкырып жиберди. Ордунан туруп чакан бөлмөнүн ичинде наркы-терки баса баштады. Жүзү сурданып чыкты. Бир албууттанып алса оңой менен басылбайт. Акун алдындагы үйүлүп жаткан кагаздарды жыйнап, тийиштүү папкага салды. Кетпесе болбой калды окшойт.
– Эмне, күткүң келбей калдыбы? Коё тур бир аз, сойкоңдоп келип калар.
– Мен эч кимди күтүп олтурганым жок. ТүшүнчүАйгүл, мен мында ойноп олтурамбы. Бул документти бүтүрүп коёюн деп жанталашып атып, түштө үйгө барып чай ичкен да жокмун. Өзөгүм үзө тартып турат.
– Эми аныңды кимге күч кылган турасың? Же мен үйгө жолобо дедимби?
– Чынында мага эми ошо гана жетишпей калды окшойт,
Акундун үнү кардыга чыкты. Шуу үшкүрүп алды. Көңүл асманында кара булуттар удургуй баштаган сыяктанды. Колдорундагы майда калтырак тарабай турду.
– Сен муну эми түшүнө баштадыңбы? – Айгүл анткорлоно күлүп калды.
– Айгүл, айтчу нерсең болсо тумандатпай ачык айтып алчы. Деги эмне деген, кандай ич күптүң бар? Сенин күңкүлдөгөнүңдөн тажап кетчү болдум.
– Эми чыныңды айттың. Тажатпаган тиги шуркуяңа кете берсең болот. Шынаарлап сенин жаныңдан чыкпайт го, канчык. Башкарманын эмей эле сенин секретарың болуп алды шыйпаңдап.
– Жөн жеринен бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөсөңчү, ага жаман тилиңди тийгизгидей эч айыбы жок.
– Көрчү, көрүнгөндөн тарпы чыккан шуркуясын күндөн жарык, суудан тунук кылып салбадыбы. Ой, аның айылдагы эркектердин жарымынын катыны экенине көзүң жете элекпи, жок дегенде оңураагынан тандап албайсыңбы? Эки катындын башы кошулган жерде эле экөөңдүн кебиң. Көчөдө баса албай калдым. – Айгүл ыйлап жиберди.
– Ишенип кой Айгүл, Жыпар экөөбүздүн ортобузда бетке чиркөө боло турган эч нерсебиз жок. Эл оозунда элек жок дейт. Бойдок келиндерге чөп-чардын баары эле жармаша берет эмеспи. Анын үстүнө ал сенин курдашың эмеспи. Сен экөөбүздү табыштырды эле го.
– Курдашым болсо эле эримди ага салып беришим керекпи? Мен ага чыдабайм.
– Эч нерсебиз жок деп айттым го.
– Ишенбейм.
– Ал өз ишиң. Үйгө кетели, абдан чарчадым.
– Кетпесең жата бер ушул жерде, шуркуяң келип калар. Сени үйдө ким күтүп атат дейсиң. – Ал тышка шарт чыгып кетти. Эшиктин тарс жабылышы анын дал жүрөгүнө тийгендей селт этти. Чакан кабинет да титирей түшкөнсүдү. Бүткөн бою калтырап, кандайдыр бир ысык илептин эпкини каптап өткөнүн сезди. Кош балдагына салмагын сала ордунан туруп келаткан. Эми кайра олтурду. Денесиндеги күч-кубаты заматта таштап кеткендей шалдырады. Кыжыры келип, жаактары түйүлө калды, балдактын туткасындагы колдору карышты. Эгерде ушу тапта аялы маңдайында болгон учурда балдагы менен шилтеп калат беле. Жок, баары бир анте алмак эмес. Анткени бул аял менен жашаган алты жылдын ичинде жөнү жок жеринен эле сүлүк курттай нервди ичтен жемейлер канча жолу болбоду дейсиң. Кой-айга көнүп, жүйөөнү түшүнүп калган жакшы турбайбы. Айгүлдө андай нерсе жок. Кээде өзүнөн өзү буулугуп, үй ичин алай-дүлөй түшүрүп ээлигип кетмейи бар. Адамдын көңүлү ооруп, шагы сынып калабы деген ой менен иши жок оозуна кирип келген сөздүбалп дедирип туруп калат. Андайда аны жүйөөлүү сөз менен жоошутуп, бир нерсени түшүндүрөм деген аракеттин бардыгы ташка тийет. Муну Акун жакшы билет. Андыктан аны менен айтышып олтуруу пайдасыз. Андай учурда эшикке чыгып кетет да, кечинде келет. Эч нерсе болбогондой столуна олтуруп китеп окуп, болбосо машинкасын чыкылдатып кирет. Ал кезде тигинин бугу чыгып, баягы бороон басылып калган болот. Анын бир жакшы жери – кектебейт. Кайра өз күнөөсүн сезип, аны эмне менен жууп жиберерин билбегендей жумшарып, Акундун тыяк-быягына чыгып, бир нерселерди жобураган болот. Бирок бажырайып ачылып турган гүлдү сабагынан сындырып коюп, анан ага суу куюп бөпөлөштүн кандай кажаты бар? Адам көңүлү деле ушундай. Ошондуктан аны гүл деп бекеринен айтышпаган тура. Аны чырт эттире сындырып алууга көп күч-аракеттин кереги деле жок. Болгону бир-эки ооз гана сөз жетиштүү. Үлбүрөп турган гүлдүн назик гүнчөлөрү күбүлүп түшөт. Анан аны кайра калыбына келтирип көр. Анын жараланган ордунда өзүнчө бир катмарланган карт пайда боло берет. Ал ортодогу мамилеге муздак суу сээп, барган сайын салкындатып алыстата бермейи бар. Бул айрыкча көңүлү назик, ызакор адамдар үчүн өтө оор.
Андайлардын бири – Акун. Сөз – ал үчүн тикен, же гүл. Көбүнчө ал ушундан запкы тартат. Тилекке каршы, Айгүлдүн муну менен иши жок. Чындыгында ал бул жөнүндө түшүнүгүделе жок, же түшүнүүгө кудурети жетпейт. Албетте, бул бир четинен үй-бүлөдөгүтайкы тарбия себеп болгону шексиз. Анын үстүнө тукум куучулук жагынан да кандайдыр бир кемтик, жетишпестик бар экенин сезет. Буга анын мектептен билим да албаганы кошул-ташыл болуп, жан-дүйнөсүн тарытып, акыл-сезимин жардылантып турат. Антейин десең кээде чукугандай сөз таап, оозуңду аппак кылганын кантесиң. Андай бутага дал тийген сөздү Акун да кээде оңой менен таба албайт. А кээде… Акун кээде анын маңдайында жайбаракат отуруп алып, аны менен көкүрөгүндөгү катылып жаткан нерселеринин барын жайып таштап сырдашкысы келет. Жан-дүйнөсүндөгү тынчтык бербеген ойлорун ортого салып кеңешкиси, анын пикирин уккусу, билгиси келет. Жаңы жазган ырын, аңгемесин окуп бергиси келет. Газет-журналга, же альманахтарга жарыяланган чыгармаларын ага көрсөтүп, кубанычын тең бөлүшкүсү келет. Анын да кубанганын көргүсү, сезгиси келет. Анын куттуктоосун уккусу келет. Аялы катары өзүнө эркелесе, назданса деп самайт. Бирок ал андай нерселерден алыс, бир нерсе айта баштаганда ал өзүнүн кандайдыр бир түшүнүксүз, маанисиз нерсесин баштап кирет. Заматта Акундун оозунан сөзү түшүп калат. Көңүлү чөгө түшөт. Маңдайында тирүү адам эмес, адам көлөмүндө жасалган зор куурчак олтургандай ичиркене. эмелеки жылуу сезими кайт боло токтоп калат.
Эмне кылмак, бул үчүн аны күнөөлөй албайт да. Анын тагдыры ошондой, бешенесине ошондой күн жазылган. Аны тарбиялап, кайра башынан башка нукка салып болбойт. Бу мүмкүн эмес. Акун ушу аял менен болсо да үй-бүлө күтүп, эки уулдуу болгонуна, өзүнчө түтүн булатканына ичинен шүгүр кылат. Анын жанында жүргөн карааны эле канча. Эмнеси болсо да кийим-кечеси жуулуу, үйүнө келсе тамагы бышылуу, үйү шыпырылуу. Майып жигит үчүн мындан башка дагы эмне керек? Эмне жетишпейт? Сырттан карагандарга баардыгы өз жайында, телегейи тегиз, асманы ачык көрүнөт. Ушул абалдагы башка майып адамдарды көрүп жүрөт го.
Ооба, анын өз турмушуна нааразы болуп, өз тагдырына наалый турган эч негизи жок. Ушу абалында үйлөндү, уулдары мотураңдап жанында чуркап ойноп жүрүшөт. Алардын эрбеңдеген караандары эле канча кубат, канча такоол. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок эмеспи. Өмүрлөрү болсо эртең эле аны колдон-буттан алып көтөрүп кетишпейби. Ага чейин эптеп аларды чоңойтунун камында кыбырып турса. Азыр ата-энесинин көзү тирүү, бир туугандары бар эмеспи. Каралашып турушат. Мунун эң жакшы далили катары атасы жаңы үйүн бүтүрүп, өзү жашап турган үйдү ага берген. Демек, өз үйү, өлөң төшөгү бар. Кабарчы, чыгармачыл адам катары айылдагыларга гана эмес кыргыз журтуна аздыр-көптүр таанылып калган жигит. Аны менен колхоз жетекчилерин айтпаганда да райондун, областтын айрым жетекчилери жакшы мамиледе болуп, анын ой-пикирин эске алып турушат. Мына ушундан улам айылдагы көп адамдар келип, чечилбей аткан кандайдыр бир маселелери болсо ортого салып, ошо боюнча анын пикирин, оюн угушат. Ошо мүдөөнү кандай кылса ишке тез ашырууга болорун кеңешишет. Ушу жөнүндө газетага жазууга болор-болбостугун сурашат. Жазууга ылайыктуу маселе боло турган болсо жазып, материал даярдайт. Болбосо жергиликтүү бийликтеги тиешелүү адамдарга арыз, же өтүнүч кат жазып берет. Ошентип, алардын ажатын ачып берүүгө колунан келгенин аянбайт. Ошондуктан архивдин чакан бөлмөсүнөн, дем алыш күндөрү өз үйүнөн кирип-чыккандардын карааны үзүлбөйт. Тиричиликте өзүңдүн башка адамдарга керек экениңди сезүүнүн өзү канчалык кымбат, канчалык сыймык. Чынында ага көрүнгөн эле кишинин татый бербеши айгине эмеспи. Кудайга шүгүр, бул жагынан анын арман кыла турган жөнүжок. Муну ал жакшы түшүнөт. Анткени ал дайыма өткөн өмүрүн, өксүгөн кездерин эсинен эч чыгарбайт. Мунун да бир өзүнчө сабагы, өзүнчө мааниси бар экен. Чокусуна булут түнөткөн залкар тоо өзүнүн кантип бийиктегенин билбейт. А адам – өткөндөгүсүн унутпаганы менен адам. Ошонусу менен бүгүнкүсүнүн, эртеңкисинин салмагын салыштырып, анын кадырын билет.
Мунусу да туура дечи. Бирок ошо адам дегениңдин турмушу бир орундан кылым козголто албаган заңгел таш эмес да. Анын да өз кыймылы, жыла турган өз жолу бар. Адамды ошо жолуна салып алып алдыга, белгисиздикти көздөй дегдеңдете жетелей берет. Тетиги кырдын аркасында сен самаган, сен эңсеген бакыттын кушу кылтакка илинип калгандай сезимдин отун көөдөнүңө жагып коёт. Анан аны карегиңе чөгөрүп алып, итеңдеп жөнөйсүң. Барсаң – эч нерсе жок. Анын артында дагы бир кыр. Мындан кыйла бийигирээк. Желкеңди бир кашып аласың. Артка кайткың келбейт. Тигил куш мобул кырдын аркасында сөзсүз бар. Анан дагы жөнөйсүң. Көрсө турмуштун, жашоонун кызыгы ушунда турбайбы. Дарак асманга умтулгандай эле адам дайыма жакшылыкка умтулат экен. Аны көздөй таман жырттыра жетелеген үмүт экен. Күн батса да ал батпаган нерсе экен. Анын үзүлбөгөн тизгини колунда карышкан Акун дале бир кырдын соңунан экинчисин ашып келет. Анысы улам бийиктейт. Улам татаалданат. Ага ошонусу кызык, ошонусу кымбат.
…Негедир бүгүн иш көп болгон жок. Архивге болгону үч киши баш бакты. Аларга мурда иштегендери тууралу иш папкасын таап, тиешелүү маалыматтарын жазып берип, олтуруп калды. Чакан бөлмөнүн ичинде аркы-терки басты. Башка деле киши-кара келчүдөй көрүнбөйт. Бул жерде олтура бергенде эмне чыгат деген ойдо эшигин бекитип, почтаны көздөй жөнөдү. Газеттердин жаңы сандарын бир сыйра колдон өткөрүп албаса, кумары ашынган маңчыдай көңүлү ачылбайт. Бул тээ небактан келаткан адаты.
Түштөн ооп калгандыктан мында кирип-чыккандардын аягы тынчыптыр. Ылдыйкы көчөнүн газетчиси Кымбат жалгыз олтуруптур. Акунга суратпай эле дубал боорундагы текчеден бир тутам гезиттерди, бир-эки журналды, анан үч-төрт катты алып ага сунду.
– Кандай Акун, сен кирип-чыкпасаң бир нерсебиз эле жетишпегендей болуп турат. – Ал ажарлуу жылмайып койду.
– Какшыктаганыңа караганда силерди жедеп тажатып бүтүргөн экемин да. Эми ушундай жаралып калсам эмне кылмак элем. – Акун да айыптуудай жылмайды.
– Жок Акун, сен антип сөздү тескери алба. Чындыгында эле сага кезигип коюнун өзү жагымдуу мен үчүн. Сени кечээтен бери күтүп жаткам.
– Кудай сакта, сүйүп калгандан соосуңбу? – Акун тамашага айландыра каткыра күлдү.
– А эмнеси бар экен, сен сүйүүгө татыбай турган жигитсиңби? – Кымбат муңайым жылмая олуттуу карады. Жалжылдаган каректери жашылдана түштү. Анысын көргөзбөөгө тырышкандай, терезени карап кетти. Акун орунсуз тамашалап алганына ыңгайсызданып, бул абалдан кандай чыгып кетерин билбей калды.
– Кечирип койчу, Кымбат. Тамашам орунсуз болуп калды.
– Жок Акун, ага кыжаалат болбо. Чынында сен өзүңдүн кандай жигит экениңди жакшы билбейсиң. Кээде ушунуңа абдан зээним кейийт.
– Жаңылашысың Кымбат. Жөн гана мени ашыра баалап жатасың. Мага адамдардын боор ооругандары ашкере катуу тиет. Кайсы бир ырымда: «Аягандан адам болбойт бактылуу» деген сап бар.
– Окугам. Аяп жаткан жерим жок. Сен ар кандай айоодон бийик турасың. Ошондуктан сени аябаш керек. Сени – сүйүш керек.
– Эми туура айттың, Кымбат. Мунуңа ырахмат. Бирок мен сүйгөнүм менен мени сүйгөн жандын жоктугу өкүнүчтүү.
– Сен ошентип ойлойсуңбу? – Келин ага карап калды. Жүзүндөгү эмелеки жылмаюунун изи да калбады. Акун анын капкара көздөрүнүн түпкүрүнөн кандайдыр бир муңайымдыктын көлөкөсүн көрдү. Негедир ичинин тыз дей түшкөнүн сезди. Ага эми ынтаа коюп карады. Бир тутам чачын өрүп аркасына таштап коюптур. Анысы соорусунан өтө чапкан. Али жаш болсо да бирин-серин саамайында ак талдар көзгө чалдыгат. Балким бул көртирликтин бел майыштырган жүгүнүн салмагынандыр. Болбосо күйөөсү Анарбектин камчысынан, анын күндө ичкен арагынын запкысынандыр. Акун бул келиндин көгөргөн бети-башын, ыйдан шишиген көздөрүн далай эле көрбөдү беле. Эми ошо көгаласы жок кезде жылдызы жайнаган, ажарлуу келин экен. Адамды өзүнө тартып турган сүйкүмдүү көздөр. Неге мурда байкабады экен. Буга Акун таң калып кетти. Мурда учурашып, келер-кетер сүйлөшүмүш болуша турган. Аяшы катары гана мамиле жасачу. Анткени мунун күйөөсү Акундун жолдошторунун бири болучу. Бирок аны менен жакын деле мамилеси жок эле. Себеби ал ичкилик ичкен адамдар менен көп байланыша берүүчү эмес. Анарбек болсо көп иче турган.
– Ошентип ойлогонго турмуш мажбурлап жатса жашыра албайсың да, Кымбат.
– Үмүтүңдү үзбө, Акун. Өзүң жазгандай «кызгылтым кечтин акыры» боло элек.
– Эми кайдан… – Ал терең улутунуп койду. Анан эстегендей келинге карады:
– Баса, менде жумушуң бар беле?
– Жумушум деле жок, бирок журналга чыккан чыгармаң менен чын дилимден куттуктап койгум келген. Жакшы жазылыптыр. Неси болсо да мени бир ыйлатып алды. Куттуктайм, Акун.
– Ырахмат. Аялдардын жүрөгүн козгой алган чыгарма жаман чыгарма эмес.
– Аны мен чыгарма катары эмес, менин өзүмө жазыл-ган армандуу кат катары окудум. Каарман кыздын ордуна мен өзүмдүкойдум. Эгерде чынында эле анын ордунда мен болгонумда жердин түбүнө чейин кете бермекмин.
– Бирок ал кат эмес – чыгарма да.
– Түшүнөм. Бирок негедир сенин жазгандарыңдын көпчүлүгү мага гана жазылгандай сезиле берет.
– Кызык экен. Макалалар делеби? Эмнеге?
– Новеллаларыңдын көбү армандуу жигиттин жетпей калган сүйгөнүнө зарлап жазган каттарындай сезиле берет мага. Балким сенден кат алганымдандыр…
– Мына эмесе, шайтандап сага качан кат жазып жүрөм, ыя? – Акун чекесин тырыштыра кармады. Бирок, мындай нерсенин качан болуп кеткенин эстей албады. Балким бул кылыктанган келиндин кыял чабыты ганадыр деген ойго кетти.
– Жазгансың. Болгондо да үч кат. Аларды мен он беш жылдан бери сары майдай сактап жүрөм. Аларды Анарбек да билбейт.
– Койчу тамашаңды, Кымбат. Чындап эле сага кат жазган эмесмин. Сени менен таанышканыма жети-сегиз жылдай эле болду го. Анан кайдан жазып жүрөм? Эсимде жок. – Акун ийнин куушурду.
– А менин эсимде. Көп сөздөрүңдү жаттап алгам. Эң өкүнүчтүүсү аны – Анарбектин атынан жазгансың. Бирок, мен сен экениңди дароо билгем. Анткени досуң алты барак кат эмес, эки сөздүн башын бириктирип жаза албайт. Анын үстүнө машинка менен сен гана жазарыңды уккам.
– Аа, эми эстедим. Ооба, Анарбек бир кыз менен тааныштым, ошого кат жазып бер деп жанымды койбой койгон.
– Сонун жазылган. Мен андан Анарбектин эмес – сенин сүйүүңдү сезгем. Ушунчалык жалындап сүйө аларыңды, махаббат деген нерсени ушунчалык аздектеп, аны баалай аларыңды түшүнгөм. Катыңа ашык болуп, жинди болуп кеткени аз жерден калгам. Ишенип кой Акун, каттарың үчүн гана досуңа чыккам. Болбосо ага көңүлүм жок болучу.
– Кап, анда бекер сенин убалыңа калган экем да.
– Эми аны козгоонун зарылдыгы барбы, Акун.
– Албетте, агын сууга ыргытылган чамындыны күтүп бекер да.
– Эх Акун, ошондо өз атыңдан жазганыңда…
– Анда эмне өзгөрмөк?
– Ошол катты сенин атыңдан алганымда бардык нерсеге кайыл болуп туруп, сага өзүм келмекмин. Ооба Акун, өзүм келмекмин. Ага мажбур кылган каттарың болмок. Ошо каттарың үчүн сени сүйүп калгам. Эми муну айтуудан уялбайм. Жашырбайм дагы. Антүүгө алым да жок. Сүйүүсүз жашоодон тажап бүттүм. Адам кадырын билбес адам менен өмүр кечирүүдөн өткөн тозок жок экен. Муну менсиз деле эң сонун түшүнөсүң го. Сенин кыйналып жүргөнүңдү билбейт дейсиңби? Сезбейт дейсиңби? – Кымбат эки колу менен бетин басып ыйлап жиберди. Акун аны кантип сооротуп, көңүлүн кантип жубатарын билбей, кулагындагы үнсүз чыңырыкты тыңшап жалдырап тура берди…
Жаз түнүндө жылдыздар бадырайып даана көрүнүшөт. Айрыкча асмандын токумдай булуту жок шаңкайып турган учурунда. Бүгүн дагы төбөдө түпсүз асман шаңкайып көңүлүнө куш конгон адам сыяктанат. Ай толуп, баралына эми чыккан селкидей толукшуйт. Анда-мында бир сабагынан капыс үзүлгөн алма сыңары учуп түшкөн жылдыздын куйруктуу үзүрү зуу эте көз жетпеген туңгуюкка сиңет. Мына, батыш тараптан дагы бири чың тартылган жаадан атылган жебедей сызды. Балким, дал ушул жылдызды дал ушул көз ирмемде Анара да карап олтургандыр. Анда ал эмнени ойлоп олтурду болду экен? Кызык, бул жылдыз аны эмне үчүн эсине салды экен? Мүмкүн, бу саамда анын эсине Акунду салгандыр? Ал экөөнүн ортосундагы эскерүүлөрдүн көпүрөсү болгондур? Ай, ким билет. Андан бери канча жалбырактар күбүлүп, канча жылдар тиги учуп жаткан жылдыздар менен катарлашып туңгуюкка сиңишпеди. Анткен сайын анын элеси күңүрттөнүп, таанылбай барат. Эсине да сейрек түшчү болгон.
Эми тиги кайып учкан жылдыз сыңары эсине кылт этти. Анан анын ордуна жана Кымбаттын шолоктоп ыйлаганы көз алдына кайра тартылды. Жүрөгү ачышып кетти. Жана да ушинткен. Мөлтүрөгөн ачуу тамчыларга чөгүп бараткандай мууна түшкөн эле. Эми да ошентти. Ага кошул-ташыл боло, жазгы түндүн чыкыроон шапатасы чыйрыктырып жиберди. Баятадан бери терезенин түбүндөгү отургучта олтурган. Айыл ичи уйкуга көшүп, магдырайт. Көчөдө кыбыр эткен жан жок. Акун ордунан туруп, мелтиреген чоң жолго түштү. Балдактарын акырын тыкылдата, төмөн басты. Айдын жумшак, жарык нуру төгүлгөн жолдо жалгыз басып жүрүү ага абдан жага турган. Ошол нур көңүлүндөгү салмактанткан кирдүү санааларды, ойлорду жууп кетүүчү. Төрт-беш көчө ылдый барып кайра тартты. Кымбаттын үйүнүн тушунан бурулуптур. Муну ойлогон деле эмес. Баардык терезелери караңгы экен. Балким, азыр Кымбат түшүндө мени көрүп жаткандыр деп ойлоп, өзүнчө жылмайып алды. Анын муңайым жылмайганы кайрадан көз алдына тартылды. Негедир анын сулуулугун, сүйкүмдүүлүгүн мурда байкабаптыр да. Эмнеге көңүл бурбады экен? Бурганда эмне, бир нерсе өзгөрүп кетет беле? Анын үстүнө кыз кезинде эле жүрөгүнө чок салып койгонун ал кайдан билсин.
Демек, аны деле жактырып, сүйө турган аялзаты бар экен го? Мүмкүн, Жанара деле аны жакшы көргөндүр, сүйгөндүр. А ал аны аяп, аны өзүнө ыраа көрө албай койду. Ким билет, мүмкүн ал ушунусу менен ага зыян кылгандыр. Анарбек сыяктанган бир кадыр билбес ичкичке туш болуп, анын камчысына көгала болуп, заар тилине уугуп, азапта жүргөндүр. Жок, андай болбой эле койсун. Муну ал каалабайт. Бактылуу болсо экен. Азыр эмне кылып, кандай абалда жүрөт болду экен? Бир жүз көрүшсө…
Эх, суу жүрөк, ошондо эмне үчүн жүз көрүшсөм деген бир нече жылга сиңирилген эңсөөңдү ташка чаап салдың экен? Ошондо балким, колуңа коно турган бакыт кушун да ташка чапкандырсың? Ошонун залалын, азабын эми тартып жаткандырсың? Көрсө, ар нерсенин өз насили, өз учуру бар турбайбы. Аны ошо саамда сезип, ошо саамда кармап калыш керек экен. Ошенткенде бардыгы башкача болот беле? Анда Айгүлгө кезигип, ага күнү түшпөйт беле? Анын оң-тетири сүйлөгөн сөздөрүнө көңүлүн муздатып, сезимин мокотпойт беле. Аялы кашында турганына карабастан, жан-дүйнө жалгыздыгынын сазына мынчалык батып, бейпайда жашоо кечирбейт беле. Ооба, ошондой болушу да мүмкүн эле. Балекеттики, бу адам дегениң өз үй-бүлөсү менен жашап туруп, анан жалгыздык сезимине малынып жашагандан өткөн тозок жок турбайбы дүйнөдө. Муну учурунда билгенде Жанарадан кол үзбөйт эле го. Аттиң… Ай, эми өкүнгөндө эмне. Календардын айрылган барагын кайра ордуна чаптай албайсың да.
Ой толкунунда нары-бери чарпылган Акун кыйлада үйүнө келди. Бирок, негедир жаткысы келбеди. Баары бир уктай алмак эмес. Бир нече айдан бери уйкусу качып, башы салмактанат. Бул да бир өзүнчө санаанын оорусу окшойт. Төшөгүндө чабалактап кыйналып жатканы эч нерсе эмес. Аялы капталга нукуп: «Кимди ойлоп жатасың, кайсы шуркуяңды сагындың уйкуңду качырып» – деп кемирип турганы азап. Же ал-абалыңды жайынча түшүндүрө албайсың. Кеп-сөзүң ташка тиет. Же ошончолук эле анын көңүлүн калтырып, туш келди келиндер менен жүрүп кетсе экен. Болбосо башка жигиттерге окшоп оолжуп ичип келсе экен. Эми ал деле кези келе калган жерден ууртап-татыйт дечи. Бирок ушу кезге чейин ашепке кете элек. Антпейт дагы. Бул эми баягы «багы жокко дагы жок» деген эле кеп. Маңдайына ыроолонгону ушулдур.
Ал терең улутунуп алды. Столуна олтуруп, күндүз алып келген газеттерди алды. Арасында эки-үч кат бар экен. Ал көп адамдар менен кат алыша турган. Алардын арасында акын-жазуучулар, журналисттер, студенттер бар эле. Эки кат мурдагы тааныштарынан келиптир. Бирөө бейтааныш кол менен жазылыптыр, Оштон келген экен. Конверттин сыртындагы адрестин төмөн жагында «Анара» деген жазуу адеп көзүнө урунду. Күтүүсүз жерден электр тогун кармап алгансып, жүрөгү дирт этти. Кат колунан түшүп кетти. Өзүнө мүнөздүү болбогон ылдамдык менен эңкейип ала койду. Көз токтотуп карады. Жаңылбаптыр. Анара деп дапдаана жазылып турат. Муун-жүүнүн майда калтырак басып кетти. Анара! Анын Анарасы! Демек, аны унутпаптыр да. Ушунча жыл эсинен чыгарбаптыр да. Андан бери туптуура жыйырма жыл өтпөдүбү. Эх Анара, ушунча мезгил аны, сабатсыз бир бечара баланы эстеп жүрдүңбү? А ал болсо сени унута баштабады беле. Сенин элесиң анын карегинен өчүп, күңүрттөнө баштаганы качан. Кайрадан кезигишер күн болот экен да. Тагдыр ушуну ыраа көрүптүр да. Ырахмат тагдыр! Сага ал абдан ыраазы.
Ал калтыраган колу менен конвертти күймөлүп жатып ачты. Чакмак барактын узатасынан жазылыптыр. Лакылдаган жүрөгүн тынчытууга аракеттене, ашыга окуп кирди: «Урматтуу Акун, сенин турмуш-тагдырың жөнүндө жазылган чоң макаланы биздин сүйүктүү газетабыз болгон «Ленинчил жаштан» окудум. Мындан мурда да сенин жазгандарыңды окуп жүрүптүрмүн. Тагдырыңдын татаалдыгына карабастан моюбай, чыгармачылыктын чыйырында талыкпай келатканыңа абдан кубанычта болдум. Адам деген өзүнүн бир келген өмүрүндө боло калган кыйынчылыктарга мүңкүрөбөй, кез келген тоскоолдуктарга өзүнүн кайратын каршы коюп жашаганы изги эмеспи. Бороонго төшүн тозгон адам гана анын бороон экендигин анык сезет. Ошондуктан сен тагдырдын ызгаардуу бороонунан жалтанбай туура, бирок татаал жолду тандап алгансың. «Таман жырткан жолочу таалай табат» – деген өзүңдүн ыр сабың бар эмеспи. Демек, таалайдын оңой-олтоң эле табыла койбостугун өзүң жакшы билесиң. Мен сени дабаны бийик, татаал жолдун талыкпаган жолоочусу деп билем. Ошо жолуңдун байсалдуу болушуна тилектешмин. Мен дагы кез-кез бир нерселерди чүргөп жаза коём. Каршы болбосоң, мындан ары кат аркылуу байланышып, чыгармачылык алакада бололу. Баса, «сен» дегениме капа болбо, газеттеги сүрөтүңө караганда экөөбүз курдаш эле окшойбуз. Жооп күтөм».
Бир дем менен окуп чыгып, олтуруп калды. Негедир көкүрөгүндөгү эмелеки буркан-шаркан түшкөн дем заматта бөксөрүп, басыла калгансыды. Башка Анара турбайбы. Ушу ачуу дагы, өкүттүү дагы ой адеп жүрөгүн тыз эттирди. Азыр эле колунда кармап турган кымбат нерсесин капысынан түшүрүп жиберип, талкалап алгансыды.«Жок, сен бөөдөсүнөн капа болуп жатасың. Бул сенин Анараң. Жан-дүйнөңдөн биротоло орун алган Анараң. Аны эми таптың. Кубан буга, Акун» – деп жатты дагы бир ой тызылдаган жүрөгүнө бир жылуулук имере. Анын илеби менен катка кайрадан көңүл төшөй көз чаптырды. Ал көп каттар алчу. Алардын арасынан мунун кандайдыр бир айрымаланып турганын сезди. Башкача сөздөр, сезимге тып эте сиңе түшкөн башкача ойлор. Башкача жакындык, башкача жылуулук…

* * *

Күндүн бири бүркөк болсо, бири ачык. Адамдын көңүлү деле ушул сыңары го. Эки-үч күндөн бери Акундун көөдөнүндө удургуган «кара булуттар» бүгүн күтүүсүз жерден заматта тарады. Ал өзүнүн иш бөлмөсүндө үңкүйүп, отуз жыл мурдагы саргайып, өңү өчкөн кагаздарды аңтарып, керектүү маалыматтарды издеп олтурган. Ар кай жери жыртылып, көпчүлүк тамгалар окулбай, көз майды бөөдө түгөткөн каргашалуу кагаздар. Тайраңдата жазылган ар бир тамганы, айрыкча ийрелеңдей түшкөн сандарды эжелеп, туура окуунун өзү канчалык түйшүк, канчалык азап. Окулбай калган сөздөрдү саптардын маанисине карап сомолосоң болот. Ал эми сандарды кантесиң? Аларды болжолдогонго, жакындаштырып жазып койгонго болбойт. Анда адам эмгеги, ага жараша ала турган пенсиясынын өлчөмү жатат. Ошондуктан Акундун тикирейгени тикирейген. Ортоңку бүктөмү айрылып калган барактагы эки санды окуй албай, эси кетип олтурганда эшик кыйч ачылды. Жыпар экен. Колунда кандайдыр бир кагаздар жүрөт.
– Кандайсың, Акун?
– Жакшы, кел. Көрүнбөй кеттиң го, сагындырып…
– Кудайга тобо, мени да сагынар күнүң болот экен ээ? – Жыпар шыңк эте күлүп койду. Ал күлгөндө эки ууртунда кичинекей чуңкурча пайда боло калып, сүйкүмү арта түшө турган. Акун анын ушунусун жактырчу.
– А эмне, сен сагынбай турган жансыңбы? Сени сагынуу аздык кылат.
– Койчу, кантип эле?
– Ишенип кой.
– Ишендим дейли. Ал эми аздык кылганы кандай? – Ал наздана басып келип, отургучту ага такай коюп олтурду. Андан кандайдыр күчтүү атырдын жыты бур этти. Акундун колу өзүнөн өзү көтөрүлүп барып, келиндин мойнуна артылды. Бери тартып бетинен, анан жалын таптуу эрдинен өптү. Көздөрү жумулуп, келиндин колдору да мойнуна ороло түштү. Ал ушулчалык кумарлануу менен өпкүлөп жатты. Ал ушу тапта баардыгына даяр эле. Бирок, Акун эки ийнинен аяр кармап, өзүнөн акырын алыстатты. Өктөсү ичинде бугуп калган келин, анын ийнине башын жөлөдү. Эркелей да, таарына да үн катты:
– Сагынганың ушул элеби?
– Калганы башка жерде болот.
– Уятсыз десе. – Акунду мурунга эркелете чертип койду да, терезеге барды. Унчукпай кыйлага карап турду. Тизесин жаба бербеген көйнөк кийип алыптыр. Анысынын да капталы тилик экен, санына чейин көрүнүп жүрөт. Негедир бу көйнөк ага коошо бербегенин байкады. Бир маалда артына тез бурулду. Столдо жаткан газеттердин арасынан «Ала-Тоо» журналын алып чыкты. Аны көкүрөгүнө кыса Акунга карады:
– Сени кубантайын деп келбедим беле. Сүйүнчү! – Ал жакын келди. Акун белинен кыса кучактай өзүнө тартты. Колундагы журналды көрүп, кубанып кетти. Кыйладан бери тымызын күтүп жүргөн болучу.
– Болсун Жыпар, сүйүнчүңдү берем. Ал эмне экен, кана. – Колун сунду. Ал артка чегинди:
– Аденгенде сүйүнчү.
Акун чөнтөгүнөн он сомду сууруп, тигиге сунду. Ал аны алып туруп, кайра Акундун төш чөнтөгүнө салып койду. Мойнунан кучактап өптү.
– Куттуктайм Акун. Ырларың чыгыптыр. – Журналды ага карматты. Анын орто ченинде үч бетке толтура ырлары чыгыптыр. Сүрөтү да басылыптыр. Көзүнө бир башкача көрүнүп кетти. Ишене албай да турду. Ушундай чоң журналга ырларым чыгат деп, ал ойлогон эмес. Көрсө, анын турмушунда да ушундай күтүлбөгөн кубанычтар болот экен. Чындыгында бул кубаныч гана эмес, чыгармачылыгындагы жылыштын, бир ийгиликтин жышаанасы болучу.
– Ырахмат Акун. – Капыстан чыккан үн өз оюна алаксый түшкөн Акунду баш көтөрттү.
– Эмнеге? – Адеп түшүнбөй калды.
– Мага арнаган ырыңды журналга чыгарганың үчүн. Билесиңби, сени мага арнап ыр жазат деп түк ойлогон эмесмин. Аны окуп, өзүмдүн жан-дүйнөмдү алгач көргөндөй болдум. Көрсө, мен деле киши, аялзаты экемин. Менин сыртыма гана, денеме гана кызыкпай, менин да адам экениме, менин да жүрөгүмдүн бар экенине көңүл буруп, жабыккан жаныма сеп боло турган адамдын бар экенине түшүндүм. Өзүмдүн ким, эмне экениме саресеп салдым. Көрсө, сазга алып барчу жолдо экемин. Ырың башка жолго салып койду. Чоң ырахмат. – Ал бетин колдору менен басып ыйлап жиберди. Анан Акунду дагы бир жолу өптү да, тез басып чыгып кетти. Акун колундагы журналды кармаган боюнча мелтиреп отуруп калды. Эх, аялдар, силер неге мынчалык назиксиңер. Неге мынча жылуу сөзгө муктажсыңар? Эки ооз жакшы, жалын таптуу сөз менен көңүлүңөрдү ээлеп алууга болот. Силердин алсыздыгыңар ушунда. Муну жакшы билген айрым шылуундар ушунуңардан ыңгайлуу пайдаланып кетишет.
Чуркаган тейден узап кеткен Жыпарды терезеден карап турган Акун оор улутунуп алды. Журнал дале колунда эле. Ал аны эми көңүл коё толкундануу, кандайдыр бир канагаттануу менен барактап кирди. Колдорунун билинер-билинбес калтырап атканын сезди. Бул да бекеринен эмес эле. Кыргыз республикасындагы бирден бир кадыр-барктуу, кыргыз элинин маданий, адабий, тарыхый турмушун күзгүдөй чагылдырып турган жалгыз чоң журнал ушул эле. Ага даңазасы таш жарган дүйнөлүк адабият дөө-шааларынын чыгармаларынан тартып жарыялана турган. Кыргыздын мен-мен деген акын-жазуучуларын мындай эле кой. Анан ошондой адабият асманында Чолпондой жанып турган журналга сүрөтү менен чыгып, ырлары жарыяланып жатса – кантип кубанбасын. Маңдай жарган бул кубанычты тартуу кылган белгилүү жазуучу Мурза Гапаров эле. Ал киши өткөндө үйүнө келип, жашоо-тиричилиги, чыгармачылыгы менен кенен-кесири таанышкан. А киши анын биринчи китебин чыгарууга мезгил жетип калганын да билдирген. Бул ал үчүн күтүлбөгөн, оюна кирбеген нерсе болучу. Анткени китеп жазуу анын колунан эч качан келбеген нерседей сезиле турган. Китепти бир башкача, Теңирдин ыйык шыбагасына ээ болгон адамдар гана жаза алышат деген ишеним көкүрөгүнө уялап алган. Мурза абасынын айткан сөзү тээ асманда илинип турган ошол ишенимди башка нукка салып, алда канча жакындатып койду. Мындай журналга чыккандан кийин… Эгерде китеби чыгып калса – ошондой адамдардын арасына кошулабы? Бу кайдан-жайдандыр кайып келген суроо чекесин нымшытып жиберди. Көкүрөгүнө көрүнбөгөн толкун толуп-ташып, өзүнчө өрөпкүп чыкты.
Эшиктин шарт ачылышы аны селт эттирди. Айгүл экен. Жоолугу бир жагына кыйшайып калыптыр. Чачынын текши кыркылбаган учтары бир жаагына чыгып, саксайып жүрөт. Буга өзү кантип жүдөбөгөнүнө таң калып кетти. Колундагы чаканы босогого шаңгырата таштады. Акун байкамаксан болуп койду.
– Күлкүң чыгып калыптыр го. – Ал көзүн сүзө берип бет маңдайдагы столго кыйгачтай олтурду.
– А эмне, ыйлап олтурушум керек беле? – Акундун кыжыры келсе да, эмелеки жан жыргаткан жакшы оюнан, жакшы маанайынан ажырагысы келбеди. – Сүйүнчү, ырларым бул журналга чыгыптыр. – Колундагы журналды ага сунду. Ал алып туруп столго талп эттире таштап койду.
– Ушуга да сүйүнчү сурайт бекен, тобо. Сүйүнө турганга сүйүнсөңчү, кургурум.
Акундун шаабайы сууп, унчукпай олтуруп калды. Баары бир ал ырларды окумак эмес. Анткени ал гезит-журнал, китеп-ситеп дегендерден ат чабым алыс болучу. Мунусу Акунга белгилүү эле. Антсе деле азыр журналды колуна алып, калп да болсо барактап, куттуктап коёт деген сокур үмүткө жетеленди. Анын столго түшүшү ошо үмүттү күм-жам кылды. «Итке темирдин эмне кереги бар» – деген ой көкүрөгүнө тык этти. Сөздү узартпай, тез эле чыгып кетишин каалап турду. Бул оюн билип, анан атайын өчөгүшкүсү келгендей кергиштей сүйлөдү:
– Сүйгөнүңдү эмне ыйлатып чыгардың?
– Тирүү жан болгон соң күлчү кезде күлөт, ыйлоочу кезде ыйлайт. Анын эмнесин сурайсың.
– Эми мага жооп да бергиң келбей калдыбы?
– Жооп бере турган, жооп бербей турган суроолор бар.
– Ошондойбу? Анысын мендей келесоолор кайдан билсин. Элдин баары эле сенин секретарыңдай илим-билимдүү эмес да.
– Айгүл, мындай майнап чыкпас куру сөздөрдү токтотолучу. Бүгүн мен үчүн кубанычтуу күн болуп турат. Ушуну бузбачы, байболгур. Суранам сенден.
– Аа, эми мени менен сүйлөшкөндөн майнап чыкпай калган экен да. Демек, сага керегим деле жок болуп калган тура. Дагы эмне дегиң келет?
– Керегиң жок деген жокмун. Сөздү туура кабыл алып, туура түшүн. Баса, кечинде кайда барып келели деп жаттың эле? – Ал сөздү башка нукка бурду. Антпесе дагы ырбап кетчүдөй.
– Жок дегенде ушуну эстеп койгонуңа ырахмат.
Акун столдогу кагаздарды тиешелүү папкаларга салып, өз-өз орундарына коё баштады. Калган жумушту түштөн кийин, же эртең улантууну көздөдү. Бул жумуш шашылыш деле эмес болучу. Азыр мында Айгүл менен акыйнек айтышып көңүлүн кирдетип, кайрадан санаанын кара булутун түнөтүп алгысы келбеди.
– Бүгүнкү жумуш бүттү окшойт. Эми сенин эркиндемин, кемпир. Кайда айдасаң да кете берем.
– Дайыма эле ушинтип элпек болуп калсаң кана. – Айгүл кичине жумшара түштү. Столдогу калың папкаларды текчелердеги бош орундарга койду.
– Мен да мектептен суранып алдым. Тоого барып келели. Атамдардын уну жок калыптыр. Баягүнүэле айттырып жиберишиптир эле.
– Үйдө ун барбы?
– Үч мүшөк бар. Бирөөнү бере туралы. Бектур эгинин тарттырганда кайра алабыз.
– Соодалашпай эле койчу. Бир мүшөк унду жөн берип койсоң эч нерсе болбойт. Колдон келсе андан көптү деле берип турсак жакшы болот эле.
Кенендик, кандайдыр бир көңүлдү көшүлткөн бейпилдик кучагын асманга жайып, көз мелжип жаткан талаада уюгандай сезилет. Көңүл түпкүрүндө чөгүп жаткан киргил ойлор тазара түшкөндөй, анын салмагын ушу талаа өзүнө сиңирип ала турган кандайдыр бир касиети бардай туюлат. Ошо нерсе көртиликтин абыгер көйгөйлөрүн жанына жакын жуутпай, тээ алыска кубалап жибергенсийт. Акун талаага чыкканда же тоого барганда ушуну сезет. Дайыма анын чакырыгын туюп, жакындыгын, жылуулугун баамдайт. Ал жерден өзүнчө бир көкөлөп, көөдөнүн кере жеңил дем алып алат. Азыр да капастан чыккан бүркүттөй көңүлүнө канат бүтүп, кичинекей машинасын өр жолдо күчүркөнтө айдап келатты. Мындай караганда жолдун өрү анча билинбегени менен машинанын жүрүшү билдирип турат. Шиш-Коргондон тарта өр башталат. Бул жолдун ар бир ой-чуңкуруна чейин ага жакшы тааныш. Анткени иниси, күйөө баласы колхоздун коюн багып, жайында жайлоодо, кышында береги бири-бирине учкашкан адырлардын арасында жайгашкан сарайларда жашашат. Жайкысын малчылар жайлоого чыгып кетишкен учурда ошо сарайлардын бирине кайнатасы кароолчулук кылат. Ошондуктан бул тарапка көп каттайт. Айрыкча ушу машинаны алгандан бери ага канат бүткөндөй эле болду. Эми ал үчүн мейкиндиктин баардык тарабы эшигин ачып бергенсиди. Кааласа көлгө, кааласа тоого, болбосо шаарга зып эте жетип барып келет. Жууку капчыгайынын бир жак өңүрүндөгү керемет жерден орун алган жылуу суу чыккан жерге барганы канча. Майып жанга унаанын колдо болгону өзүнчө бир керемет нерсе турбайбы. Бирөөгө күнүң түшүп жалдырабай колуң узара түшөт.
Негедир азыр баратып, баягыда Кулубекти күтүп зарылганын эстеди. Ошондогу жоогазын гүлдөрүн көрсөм деп, ак эткенден так эткеничи. Андагы коляскасы менен эки сааттан ашык баскан жолду азыр он мүнөткө жетпей басып өтөт. Ошондогу өжөрлүгүнө өзүнчө жылмайып алды. Өткөн жазда да жоогазын гүлдөрүнүн ачылганын көргөн. Бирок, эмнегедир ошол күнкүдөй ажайып таасир калтырган жок. Бажырайган гүлдөргө ошондогудай көңүлү тойбой койду. А быйыл али эрте эле.
– Билесиңби Айгүл, бир топ жыл мурда мен тээтиги көпүрөнүн нары жагына чейин жоогазындарды көрөм деп коляска менен келгемин.
– Эмне, гүлдү көрбөй жүрдүң беле? Агороддо беденин гүлдөрү толуп чыгат го. – Ал Акунга таң кала карады. Акун ичинен «бырс» күлүп алды. Бирок бул күлкүсү ийне болуп, жүрөгүнө сайыла түшкөндөй тыз эткенин сезди. Ошол бойдон арт жакты көздөй түрүлүп жаткан жолго үнсүз тигилип, кете берди…
Эшик акырын ачылганда, кагазга үңүлүп олтурган Акун баш көтөрдү. Кымбат экен. Ал колундагы газеттерди столго койду. Сол жак көзүндө билинер-билинбес көгөргөн так бар экен. Көзүнө дароо ошо урунду. Негедир ал айыптуудай, муңайым жылмайды:
– Кандайсың, Акун? Биз тарапка каттабай калдың го?
– Жакшы, Кымбат. Кел, бүгүн барайын деп аткамын. Үч күндөн бери бошой албай койдум. Бул газеталар магабы?
– Ооба, сеники. Үйгө кетип баратып ала барайынчы дедим. Тиги журналдын ичинде каттар бар. Кийинки кездерде көп кыздардан кат ала баштадың го.
– Мурда мен кыздарды сүйүп кат жазсам, эми кыздар мени сүйүп кат жазып атышса эмне кылайын. – Акун тамашага чала күлүп калды.
– Кут болсун, сен сүйүүгө татыбай турган жигитсиңби. Кезегинде мен да сүйгөм.
– Эмичи? – Акун ага сырдуу карады.
– Эми кайдан, андагы сүйүү балдарга өтүп кетпедиби. Анын үстүнө сага минтип жаш кыздар кат жазыш жатышса, биз быякта эле калдык да.
– Кой эми, андан ары өтө чаппай. Чындыгында булар чыгармачылык алакадагы эле кыздар. Арасында келиндери да бар.
– Алар да чыгарма жазышабы? – Кымбат кызыга сурады.
– Ошон үчүн кат алышып жатабыз да. Бири-бирибиздин чыгармаларыбызды окуп, пикир алышабыз, ойлорубузду ортого салабыз.
– Адамдардын бири-бирине түшүнүп, бири-бирин сыйлаша билгени кандай бакыт. – Кымбат терең улутунуп, унчукпай калды. Ал чыгып кеткенден кийин Акун «Ала-Тоо» журналынын ичинен үч кат алып чыкты. Бирөө нарындык акын досу Жумабектен, экинчиси Сүйүнбүбүдөн, үчүнчүсү Анарадан келиптир. Адеп эле анын катын ачты. Бул экинчи каты эле. Ал: «Кымбаттуу Акун ага, биринчи иретте сизден кечирим сурашым керек болуп калды. Анткени өткөн катымда менден кичүүдүр деген ойдо «сен» дей бериптирмин. Эссиз кыз экен деп ойлобоңуз, билбестиктен кетти. Кечириңиз. Сиз менден улуу экенсиз. Ошондуктан ар бир сөзүңүз орундуу, салмак менен чыгат экен. Катыңыз мага абдан жакты. Чынымды айтсам, мага бир көркөм чыгарма окугандай сезилди. Сиз жан-дүйнөңүздү кенен ачып таштайт экенсиз. Бардык эле аялзатына ушундай мамиле кыласызбы же мага эле ачылдыңызбы? Эгерде, мага эле болсо, анда мунун жөн жайын билүүгө болобу? Неси болсо да, сиз менен жүз көрүшпөсөм да эзелки таанышымдай болуп калдыңыз. Эми сиздин катыңызды чыдамсыздык менен күтө турган болдум. Убактыңыз болсо тез-тез жазып туруңуз» – деп жазыптыр. Окуп бүтүп, столго койду. Чакмак дептердин барагына жазылган ушу чакан каттан көзүн тартып кете албай, тунжурап олтурду. Андан кандайдыр бир жылуулуктун, жакындыктын илеби келип тургандай болду. Буга чейин ал канча каттарды албады, алардын арасынан канча кыз-келиндер менен кат жазышпады. Бирок, бирөө да анын көңүлүнө мынчалык дүрбөлөң салып, сезимин мынчалык козгой алган эмес. Бул кыз алардан эмнеси менен айрыланып, анын оюн эмнеси менен тартып алды? Анын жан-дүйнөсүн мынчалык дирилдетип койгудай анда кандай касиет бар? Бу суроолорго жөндөп жооп бере албады. Кайра-кайра алып, анча текши тизилбеген шурудай болгон саптарга көз жүгүртө берди. Анткен сайын чөлдүн дене куйкалаган аптабында саамайдан сылаган кечки шапатадай сезилип жатты…
– Жакшысыңбы, Акун? Сени башкарма чакырып жатат, – деди Жыпар босогодон бери аттабай. Акун колундагы катты конвертке салды.
– Шашылыш бекен?
– Анысын билгеним жок. Райкомдон кишилер келип кетери менен чакыртты.
Акун тамаша аралаштыра күлдү:
– Партияга каршы кылмыш деле кылганым жок эле. Болуптур, азыр барам.
Башкарма партиялык уюмдун секретары Жаныш экөө олтуруптур. Акун олтургандан кийин ага карады:
– Райкомдун үгүт-насаат бөлүмүнүн жетекчиси келди. Сен чыгарып жаткан «Коммунист» жана колхоз башкармасынын органы болгон «Авангард» кереге гезиттери менен таанышты. Анын пикири боюнча башка чарбалардыкына караганда биздин гезиттер мазмуну, маселелерди көтөрүү жагдайындагы актуалдуулугу, жасалгаланышы, өз мөөнөтүнөн кечикпей чыгып турушу жагынан алганда алдыңкы орундарда турат экен. Муну биз да толугу менен колдойбуз. Бул биз үчүн, биздин чарба үчүн сыймык. Мында сенин да талыкпаган эмгегиңди белгилей кетишибиз абзел, Акун.
– Ырахмат, аба.
– Эмки маселе мындай. Жакында райкомдун чарбалардагы кереге гезиттердин таасирдүүлүгү боюнча атайын конкурс өткөрүү жөнүндөгү токтому чыкты. Ага ылайык, биздин эки гезиттин ишин дагы жандандырышыбыз керек. Мындай конкурстардын далайынан жеңип келе жатабыз. Бул жолу да куру кол калбайбыз го деген ойдомун. Редактор катары снин пикириңди угалы дедик.
Акун буга дароо эмне деп жооп берерин билбей олтурду. Өзү жасаган иштин жакшы жүрүп жатканы, ал жөнүндө жакшы пикирлер болуп жатканы албетте, аны кубантпай койгон жок. Бирок, көңүл түпкүрүндө негедир ушу адамдарга ичи толбогон, белгисиз бир таарынычтын учкуну сезиминде жылт дей түштү. Ал бухгалтериялык окуу жайды бүтүрүп, райондук аткаруу комитетинин төрагасынын колу коюлган жолдомо менен келген. Ошондо ушул башкарма «азыр бухгалтерияда орун жок, болгондо чакыртып алабыз» деп жарым жыл сандалткан. А ошол учурда бухгалтерияда канча орун которуштуруулар болду дейсиң. Акун аны билип, угуп эле жүрдү. Ага кирсе эле баягы жообу даяр. Сегиз айга жакындап калганда гана архивди беришти. Ошондо да областтык газета атайын макала жарыялагандан кийин. «Архивдин башкаруучусу» деген штат колхоздо жок. Бирок сага атайын ушундай штат ачтык. Жарым ставка – элүү сом менен иштейсиң. Айлыгыңды кийинчерээк көбөйтүп беребиз» – деген. Ошол күндөн тартып эле тиги эки кереге газетаны мойнуна жүктөп коюшкан.
Мына, андан бери эки жыл өтүп баратат. Бирок, баягы эле жарыбаган жарым ставка менен жүрөт. Эки-үч жолку кайрылуусунда «күтө тур, правленияда карайбыз» – деген боюнча унутулган. Же тиги газеттерин чыгарышканга бир жан кол кабыш кылып коюшсачы. Муну да айтып атып, тили тешилгендей болду. «Жаза билген адамдар болбой атат». Жооптору эле ушу. Чынында анысы Акунга чейин деле чыгып жүрбөдү беле. Андан кийин деле чыга берет. Эл ичинен кантип эле бу ишти жылдыруучу адам болбосун. Жөн гана бул майып жигитти пайдалануу ыңгайлуу, ал колунан келген жумушун кылып олтура берет. Башка жигиттерге окшоп «кетип калам» деп коркута албайт. Аны эле ким кресло камдап, күтүп турат дейсиң. Ушу ишине ыраазы болсун. Болбосо өзү билсин. Ага жалына турган адам жок мында. Биздин быкый-чыйыбызды чукулай бербей, өзүнүн чаң баскан архивинде тынчыраак олтурганы бизге ийги. Бул башкарманын ага жасаган тымызын мамилеси. Муну Акун жакшы түшүнөт.
Ушу эки иштин жүгүн аркалап, аны колунан келишинче тырмалаңдап жүргүзүп келет. Кудайга шүгүр, иши жаман деле эмес. Айрыкча кереге гезиттери. Алар жөнүндө райондук, областтык газеталар өз баасын берип, жакшы пикирлерин жазып жатышат. Бул жумушуна бир тыйын албайт. Мунусу жөн гана коомдук иш болуп саналат. Бирок, иш деген – иш да. Чынында бул оңой түйшүк эмес. Анан жарым айлык алганы – өзүнүн жарым жан экендигинин айкын далили эмеспи. Жок, ал аз эмгек акы алганына кейибейт. Күнү ошо элүү сомго түшүп, ал болбой калса эле – ачка калам деп коркуп жаткан жери жок. Майыптыгына карата отуз беш сом пенсия алат. Мындан тышкары газета-журналдардан бир кыйла эле акча-тыйын келип турат. Чынында, бир-эки күн чымыркана олтуруп, бир көлөмдүү макала жазып койсо эки, ал тургай үч айлык эмгек акынын акчасын таап коёт.
Мына, өткөн айда «Кыргызстан маданияты» менен «Советтик Кыргызстан» газеталарына үч макаласы чыккан. Алар үчүн жүз кырк эки сом акча алды. Кээде мындан да арбын болуп калган учурлар болуп калат. Демек, ал азыр каражат жагынан бирөөнүн көзүн карап, ага колун суна турган абалда эмес. Кеп – колхоздун жетекчилери тарабынан анын эмгенин туура бааланбай, жөн гана аны колдон келет кылып жатышында турат. Ага ушу катуу тиет, көңүлүн ушу оорутат. Эмне дейт, майып адам – качан да болсо кем, бөксө экен да. Азыр башкарманын көтөрө чала сүйлөгөнүн угуп олтуруп, терең улутунуп алды. Бирок, көңүл түпкүрүндөгү ачуу көйгөйдү сыртына чыгаргысы келбеди. Мейли, булар билбесе – башкалар билет. Билип жатышат. Ал – башкарма үчүн иштеп жатты беле. Кимдир бирөөгө жардамы тийсе, анын кичинекей болсо да ажатын ача алса – ошол пайда. Ошол кубат. Өз алсыздыгына урулган сокку.
Анын кыйлага унчукпай калганын башкарма өзүнчө кабыл алды. А Жаныш бул жигиттин эмне ич күптүсү бар экенин түшүндү. Бирок, унчуккан жок. Башкармага өз пикирин, өз көз карашын билдире албай олтура берди. Акун муну да баамдады. Ал кереге гезиттер боюнча өз оюн шашпай салмактуу, далилдүү, ынанарлык түрдө айтып берди. Өз сунуштарын билдирди да, акырын чыгып кетти…
Түн. Жылт эткен жылдыз көрүнбөйт. Күн бата, бирин-серин чубашкан булуттар коюуланып, бүтүндөй асманды чүмкөп алды. Үйдөгүлөр эчак жатышкан. Балдар болсо күүгүмдө эле бүк түшүшөт. Акун өз столунда олтурду. Беш-алты күндөн бери жылдыра албай аткан аңгемесин улантууга ниеттенип, машинкасына ак кагаз салды. Бирок, ылайыктуу бир сөз келбей койду. Сөз аттуунун баардыгы куюн тийген кумдай чачырап кеткенсийт. Ою бир илинчекке илинбей, өзү түшүнбөгөн бир нерсеге алагды боло берди. Анан жанагы катты алып чыгып, кайрадан көз жүгүрттү. Алакандай барактын бетинде бир орундан алыстабай учуп бараткан Аккуу көрүндү. Ошол. Бул баягы Аккуу болучу. Жүрөгү зырп этип алды. Анын элеси көз алдына тартылбай калганы качан. Андан бери жыйырма жыл өтпөдүбү. Демек, ал кайтып келген экен да. Ал андан түңүлүп койбоду беле. Көрсө, жаңылыптыр да. Жалакайлык кылыптыр да. Эмелеки элести жоготуп албайын дегендей баракты этияттык менен дубалга жөлөп койду да, машинкасын ыңгайлураак жакындатты. Анан капысынан тыным албай, чыкылдатып кирди.
«Анара, балким бул айткандарым сага табышмактуу, сырдуу туюлар. Мейли, бирок, бул катымды аягына дейре чыдап, окуп чыгарыңа ишенем. Анткени, мен сага ачыла элек сандык сыңары көрүнүптүрмүн. А андай сандыктын ичинде бычыла элек кундуз бар экенин жакшы билесиң. Сөздү көп чойбоюн. Учур болгон түнт дүйнөдө күн кечкен. Асманында бир да жылдыз жылт этпей, улуп турчу жалгыздыктын бороону. Ал дүйнөнүн дубалы да муздак эле сыздаган. Талаасында гүлдөр өспөй, соксоючу ийри-буйру сөксөөлдөр. Чөл болучу бүт талаа. Кыраңдарга бодур таштар соксоюп, чарт жарылчу чыдай албай аптапка. Мен адашып туш болупмун ошондой бир дүйнөгө. Жашоо эмес, азаптуу бир күн кечирдим күймөнө. Оо анан… сөзүм жетпес муну сага айтканга. Мен күтпөгөн ажайып бир иш болду. Кунары жок ошол муңдуу дүйнөгө, периштенин кейпин кийип, куш конду. Мына эмесе, кереметти көрүп ал, кургак кумдан салып койгон сепилдей, урап түштү түбү менен ал дүйнө. Тааный албай турдум оозум ачылып. Эс-акылым алда-кайда чачырап. Кинодогу сүрөттөрдөй өзгөрдү, кызгалдактар басып калды сөксөөлдү. Бодур таштар ак кайыңга, мажүрүм талга айланды. Жашыл шибер өсүп чыкты кумдардан. Мөлтүр булак атырылды маңдайдан. Аптыга бир ууртадым. Көзүм – жарк деп ачылды. Жүрөгүм – жарык күнгө айланып, эми эле пайда болгон ажайып дүйнө кучагына кысты. Анын көркөмүнө, ырахатына эми кол сунуп, эми умтула бергенимде жанагы келип конгон Аккуу шарт учуп кетсе болобу. Ал көздөн кайып болор замат, дүйнө мурунку кейпине келди. Бул жалгыз гана мен жашаган, жок, муну жашоо деп айтсам ашыкча, күн кечирген дүйнө болучу. Ошо дүйнөдөн Аккуунун учуп кеткенине жыйырма жыл болгон. Аны мен бүгүн көрдүм. Ал кайра келди. Аны сенин катыңдан таптым. Сен – ошол Аккуу экенсиң. Мына, кунары качкан дүйнөм өзгөрө баштады. Кайра учуп кетпечи, Аккуум! Мен ушу дүйнөнүн «берекесинен» тажап бүттүм». Машинка токтоп калды. Үй ичине дүлөй тынчтык уюду. Дубалга жөлөй коюлган баракта Аккуу дале учуп баратты…

* * *

Кыргыздын маңдайына тоону жазып койгонуна Теңирге миң мертебе ырахмат, дейт ниетинде Акун. Тоосуз жашоонун өзү кунарынан, маңызынан ажырап калчудай сезилет. Негедир тоо аны дайыма өзүнө чакырып, өзүнө тартып турат. Анда бир кымбат, асыл нерсеси катылып жаткансый берет. Бул адат ага качан, кандай учурда жармашты болду экен? Балким, бала кезиндедир? Балалык кез… Оо, аны эстегенде жүрөгүнө бычак учу матырыла түшкөнсүйт. Төрт дубалдын ичине сыйдырылган дүйнө.Тышкы чөйрө менен байланыштырып турган төөнүн көзүндөй, чүңүрөйгөн терезе. Ал тоо тарапты карачу. Ошого боортоктоп жатып алып, керели-кечке тоону карай берүчү. Жападан жалгыз эрмеги, көңүл жубатары ушу эле. Ал үчүн тоо колу эмес, кыялы жетпеген сырдуу да, керемет да дүйнө болучу. Ошого дүйнө көзүнө алда-немедей көрүнүп, кол жетпеген жерге илинген жалтырак оюнчуктай кызыктыра бере турган. Карап олтуруп, канаттуу куш болуп кетүүнү самай берүчү. Капысынан эле куш болуп калсам, анан шарт учуп тоону көздөй жөнөр элем, деп кыялданчу. Азыр тоо койнундагы шар суунун жээгинде отуруп, ошону эстеди. Өзүнчө жылмайып алды.
– Сага эмне болду, өзүңчө жыргап? – Жанында олтурган Айгүл ага таң кала карады. Өз ою менен алек болуп олтурган Акун аны эсинен чыгарып коюптур. Үнүн угуп баш көтөрдү.
– Бир кезде канаттуу куш болгум келгенин эстеп кеттим. Балалык да.
– Адам да куш болчу беле. – Айгүл тээ Ит-Тиши тоосунун чокусундагы күн нуру чагылышкан мөңгүнү кайдыгер карап койду.
– Ошону айтам да. – Акун унчукпай калды. Уулдары Алмаз менен Максат баятадан бери улам бир кырга чыга калышып, жарптары жазылат. Кубалашып ойноп, тоонун түркүм гүлдөрүн терип, көпөлөк кубалашып, бу жерге келгенден бери жандары сеп ала элек. Каалагандай бир кумадан чыгышсын деп өз жайларына коюшту. Бүгүн дем алыш күн болгондуктан нан-пандарын, айран-сүттөрүн баштыкка салып алышып, бул жерге келишкен. Бала-чака менен эс алып дегендей.
– Ата, бейбей атат. – Максат бир маалда ыйлап калды.
– Берип койчу, Алмаз, эмнени сурап атат?
– Жашыл гүлдү.
– Ой, андай гүлдөр жайнап атпайбы. Эми ошону талашасыңарбы?
– Кайсыны терсем эле ошону талашып атат. Ме. – Алмаз колундагыны бөбөгүнө карматты.
– Эми ал кичинекей эмеспи. А сен чырдабай ойно, Максат, макулбу?
– Макуй. – Ал абасынын артынан томпоңдоп чуркап жөдү. Экөө күлүп калышты. Алмаз Акундун тун уулу. Быйыл ал үчүнчү класста окуйт. Окууга бир жыл эрте кирген. Иниси Өмүрдүн баласын ээрчип, ал кирген класска кошо кирип, ал олтурган партага кошо олтуруп, эмнени окуса ошону окуп жүрүп, ошол бойдон окуп калган. Мугалимдер да жайына коюшту. Ошентип ал эсепке кирбеген окуучу болуп жүрүп, кийинки жылы биринчи класска кайра олтурду. Бирок бардык тамгаларды кадимкидей билип, көпчүлүк сөздөрдү кошуп окуганга жарап, алуу менен кошуунун жолдорун билип калган. Андыктан мектеп босогосун биринчи жолу аттаган балдарга караганда кыйналган жок. Кыйла тың окуду. Ал окуй электе эле жакшы ырдай турган. Кайдан-жайдан ырларды жаттап алып, ырдай берчү. Мугалимдердин жашы жетпейт деп чыгарып жиберишпегендигинин да бир себеби ушул болуп калды. Мугалимдер аны ырдатып алып эле күлө беришчү. Бир жакшы жери – кыйыктанбай, тартынбай ырдаганы эле. Тааныш мугалимдер «уулуң чоңойгондо ырчы болот» деп калышат. Ким билет, мүмкүн алардыкы туурадыр. Өмүрү болсо буйруган кесип, буйруган ырыскысы тургандыр. А Максат андан алты жашка кичүү. Теңирим ушу чүрпөлөрдүн өмүрүн узак кылса экен деди ниетинде.
– Сен бул жерге эс алганы келдиң беле? – Акун Айгүлгө карады.
– Анан ушинтип мени кайтарып олтура бересиңби?
– Олтурбаганда эмне кылайын? – Акундун суроосу ал үчүн таң калыштуудай сезилди.
– Ары-бери баспайсыңбы, тээтиги карагайларды арала, балдарга сагыз ал. Карачы, тоонун кооздугун, ары жак, бери жагын көр, болбосо гүл тер.
– Гүлдөргө кызыкпайм.
– А мобу керемет кооздуктаргачы?
– Жок.
– Анан деги сен эмнеге кызыгасың, сени бир кызыктыра турган бул дүйнөдө эмне бар, мага ушуну айтып бере аласыңбы? – Негедир Акун өзүнчө туталанып, кыжыры келе түшкөнүн сезди. Жөндөн-жөн олтуруп эле, эмнеге минтип кеткенин өзү да түшүнбөй калды. Өз айбын сезген баладай аялын ийинден аяр кучактады.
– Эч нерсеге кызыкпайм. Ошондуктан тоого, гүлгө кызыккан катын таап ал. – Ал ийниндеги Акундун колун серпип таштады да, сенин жаныңда олтурбасам кутуламбы деги, деген маанайда туруп кетти. Баратып бажырайып ачылып турган жапжашыл, кооз гүлдү былчыйта тебелеп өттү. Аны өзү да байкаган жок. Акун аркасынан муңайым караган боюнча олтуруп калды. «Туура айтасың Айгүл, сен эч нерсеге кызыкпайсың, эч нерсе сени кызыктыра албайт. Сенин жаныңда менин кантип жашап жатканым, көңүлүмдө эмне деген бороон, чапкындар болуп жатканы менен ишиң жок. Менин күлкүм да, ыйым да сени кызыктырбайт. Менин жан-дүйнөм сен үчүн – эзели ачылбаган сыр сандык. Ачылган күндө да анын ичинде эмне бар экенин көрө албайсың, сезе албайсың. Анткени болгон мүнөзүң, жаратылышың ушундай. Албетте, бул үчүн эч кимди күнөөлөй албайм.Тетиги ийрейип өскөн даракты түз өспөйсүң деп айыпташка болобу? Анын минтип калышына ким айыптуу? Жаратылыш. Тагдыр. Ооба, тагдыр. Мен аны Айгүл үчүн, өзүм үчүн айыптай аламбы? Кайда-ан. Ошондуктан сен ушундайсың деп, сени эч айыптай албайм, Айгүл. Буга менин кенедей да акым жок. Сен мени майыпсың, отунду жара албайсың, бир чака суу көтөрүп келе албайсың деп, күнөөлөгөн жериң жок го. Кайра менин алсыздыгымды жашырып, билгизбөөгө тырышып турасың. Жаныман алыс чыккың келбей, мага ыба карап турасың. Ушунуң бар. Балким, муруңку күйөөңдүн камчысына жанчылып жүрүп, акыры андан кутулганыңа, менин ошондой эмес экениме ичиңден кубанып, тагдырыңа ыраазы болуп жүргөндүрсүң. Көпчүлүк эркектер сыяктанып, ичип келип бала-чаканы ызылдатып кыргын салбайм. Болбогон жерден кызганып артыңдан акмалап, сары изиңе чөп салбайм. Болор-болбоско кемирип кесип жемелебейм. Же болбосо көрүнгөн келиндерге көз кысып, алардын аркасынан чуркабайм. Ооба, мени менен тынч жашоо сага жагат. Муну сезип, билип эле жүрөм. Үй-бүлөдөгү бейпилдикти, тынчтыкты кайсыл аял жактырбасын. Ошондуктан сен өз очогуңдун чогун өчүрбөскө тырышып, өзүңдүн курбуңду менден алыстатууга кылган аракетиңди түшүнөм. Сен үчүн өз коломтоңдон кымбат эч нерсе жок. Ал туура дечи. Бирок, мен үчүн бул жетишсиз, бөксө болуп жатпайбы. Булардан башка да, адам жүрөгүндө сүйүү сезими болуш керек экен. Бу адам жашоосунун негизги маңызы көрүнөт. Мунсуз жашоо дегениңдин куту да, кунары да, кызыгы да болбойт экен. Дал ушул нерсе менде жок. Ошо себептен улам сени менен мойнунан байлаган иттей жашап жүрөм, Айгүл. Сен күндүзү маңдайымда, түнү койнумда болсоң да – мен жалгызмын. Көкүрөгүмдө аңгыраган боштук. Анда күнү-түнү муздак шамал уруп турат. Муну сен билбейсиң, түшүнбөйсүң. Мындай жашоого чыдай алчудай эмесмин, Айгүл. Туңгуюктун дал кырына келип калгансыйм. Бүгүн болбосо, эртең анын түпкүрүнө кулап түшчүдөй, жүрөгүм опкоолжуйт. Эх, Айгүл, тагдыр экөөбүздү неге табыштырды экен? Экөөбүз эки ача жол менен кеткенибизде экөөбүзгө тең жеңил болот беле, жакшы болот беле. Эми мен ошо ача жолду табууга кудуретсизмин. А балким, таба алармын?» Негедир бул ой аны селт эттирип алды. Өткөндө Анарага жазган каты эсине кылт этти. Андагы эң акыркы саптар сезиминде кайра жаңыра түштү: «Сен – ошол Аккуу экенсиң. Мына, кунары качкан дүйнөм эми өзгөрө баштады. Кайра учуп кетпечи, Аккуум!» Чын эле, ошол Аккуусу болуп чыкса эмне болот? Эмнегедир ал оюн мындан нары уланткысы келбей, ордунан турду.
Айгүл бет маңдайдагы боз үйдүн көлөмүндөй болгон эң зор ташка чыгып алыптыр. Аркы кыр тарабы менен чыккан окшойт. Балдар болсо тээ жогорудагы карагайлардын арасында жүрүшөт. Акун аларды бир сыдыра карап өттү да, суу жээктеп нары басты. Көз жашындай тунук суу күрпүлдөп, кой таштарга согулат. Агымына туруштук бере албай, айрым таштардын агып баратканы көрүнөт. Ушунчалык чоң экендигине карабастан тунуктугуна таң каласың. Ичсең – таңдайың какшайт. Даамы да бир башкача. А күңгүрөнгөн добушу тоонун койнун жаңыртып, тээ алда кайдан угулат. Өмүрдүн өзүнчө бир бүтпөгөн симфониясынын күчтүү ыргагындай сезилет. Тоо суусунун касиети ушунда го. Тоо бул – асманга кол созгон бийиктик гана эмес. Ал өз боюна туруктуулукту, кебелбестикти, залкарлыкты, салмактуулукту, көркөмдүктү, ошондой эле касиет менен сырдуулукту сиңирген дүйнө. Ушундан уламбы, бул жерге келгенде адамдын жан-дүйнөсү акыр-чикирлерден, сапырылган санаалардан тазара түшөт. Акунга ушундай сезилет.
Ал кыйла жерге чейин басып барып, кайра тартты. Айгүл суунун жээгинен окчунураак өскөн чоң түп карагайдын түбүнө дасторкон жайып коюптур. Кичинекей примуста бир нерсе бышып атат.
– Муну да алып алдың беле?
– Ооба, биз тоого барабыз дегенди энем угуп, май куюп, даярдап коюптур. Тоодон балдардын курсагы ачат, тамак бышырып бер деп, бир тоогун союп берген.
– Ой алтын энем десе, эң сонун кылган турбайбы. Мен тамак жөнүндө ойлобоптурмун.
– Сен тиги Жыпарыңдан башканы ойлочу белең.
– Койчу эми Айгүл, ушундай ажайып жерде өгөй-татай кеп-сөздөрдү таштайлычы. Жок дегенде тоону сыйлап, анын таза койнун көңүлүбүздүн кири менен булгабай кетеличи. – Ал үнүн пас, муңайым чыгарды.
– Болуптур, болуптур абышка. – Айгүл ага жакын келип кучактап, бетинен өптү. Ушунча жыл бирге жашап, анан анын өз ниети менен өбүшү ушу болсо керек. Анан да «абышка» дегенин биринчи угушу. Ошондон уламбы, кулагына өөн учурап да кетти. – Балдарды чакыр, тамак бышып калды, – деди ал Акунга бир башкача жароокер карап. «Эгер кааласа бул деле сүйкүмдүү боло алат турбайбы» – деген ой көкүрөгүнө тык эте түштү. Аны бир саамга карап турду да, балдар ойноп жаткан тарапка басты.
– Алмаз, Максат, бери келгиле. – Акун кыйкырып, колун жаңсады. Балдар кубалашкан тейден жетип келишти. – Оюнуңар кандыбы?
– Жок, – Максат башын чайкап койду.
– Курсагың да ачкан жокпу?
– Ачты.
– Анда жүргүлө, тамак ичип алып, анан ойносуңар.
– Азыр кетпейбизби, ата? – Алмаз кубанычтуу сурады. Анын бул жерден кетейин деген түрпөтү жок.
– Шашпай ойной бергиле. Кечке жуук кетебиз. Азыр ти-ги арыктын тээтиги жайылып аккан жээгине барып жуунгула. Тамак ичели. Максатка сак бол, жыгылып кетпесин. – Акун балдары чуркап кеткен тарапты карап турду. Ал экөө миң бир кырдуу жашоосундагы, такасы кетилип таскагы чыкпаган таг-дырындагы көңүл жубатары, жөлөнүп-таянары эле. Күңүрт-төнгөн асманындагы жаркырап тийип турган кош жылдыз эле. Ошол кош жылдыздын жарыгы узакка өчпөй, үзүрүөзүнө дайыма тийип турушун ниетинде көксөп, Теңиринен ушуну тилеп турду. Кеч бешим ченде ал кичинекей машинасына бү-гүнкүкүндүн ырахатын жүздөрүнө жадыратып сиңирип алыш-кан үй-бүлөсүн салып алып айыл тарапка жол тартты…
Түшкү чайды ичип келген Акун, өз иш ордуна олтурду. А бирок негедир ишке мойну жар бербей, алдында жаткан кагаздардын улам бирин кармалап, кайра ордуна коёт. Эртең менен баштап койгон документти бүткөрүп салууга ниеттенип, бир нече сап жазды. Кийинкиси мезгил саргайткан кагаздан даана окулбай атты. Аны ошо бойдон калтырып ордунан туруп, терезеге басып келди. Күн эртеден бери бүркөө эле. Эми жаачудай кебетеленип алды. Шамалдын алгачкы эпкини бактын баштарын ыргап, саргая баштаган жалбырактарды шуудурата күбүп түшөт. Кайрадан күз келди. Жайдын эмне болуп өтүп кеткени белгисиз. Ошентип күлала болуп жүрүп, өмүрүңдүн кантип шуу койгонун да билбей калат окшобойсуңбу. «Өмүрдү өтөө тишти оорутпай жулган сымал. Эң негизгиси али алдымда деп ойлойсуң, бир маалда карасаң баары артта калганын туясың». Көңүлүнө уюй түшкөн бул сөздү бир жерден окуган эле. Муну ким айтты эле? Аа, эстеди, бул – Бисмарктын сөзү. Карыя туура айткан. «Ал эми менин эң негизгим өтүп кеттиби, же келе жатабы?» Бул суроо көңүлүнө тык эте түштү. Бирок, жооп таба албады. Эшиктин шарт ачылышы аны оюнан алаксытып жиберди. Артын карады. Кирип келаткан клуб башчысы болуп иштеген Төлөн деген жигит экен. Ал Акундун айылдагы теңтуштарынын бири эле. Адатынча көзү-башы шишип калыптыр. Кечээ күнү анын майрамы ойдогудай болгон окшойт.
– Кел Токе, ал-жай кандай? Көптөн бери көрүнбөй кеттиң го.
– Өлүп кетсин, ошо ал-жай болбой атканынан кайрылдым. Болбосо клубду кудай алат беле, жатмакмын үйдө.
– Анча эмне болуп кетти?
– Москвадан Кадыр келген. Анын базарлыгын ичип олтуруп өтө чаап кетиптирбиз. Ырп этерге шайман жок. Шайман табарга дарман жок дегендей.
– Кыйын болгон экен сага, байкушум. Анан ошо шайман менен дарманыңа карап иш кылбайсыңбы.
– Менин ордумда болсоң көрөт элем. Мага окшоп колуңа учуп келип, конуп турган куш сыяктанган стакандан башкасынын баардыгы эсиңден чыгып кетмек. Болгон-бүткөнүңдүн баардыгы ошонун ичинде мөлтүрөп турса, анан кайдагы шайманды ойлоп баш катырып олтурмак элең.
– Мунуң да туура. Ошондуктан мен өз ордумда эле болгонум жакшы.
– Ооба, чынында сенин жаның тынч. Алмадай башың челектей шишип, жаның көзүңө көрүнбөйт. Катының кемирип кеспейт. Чөнтөгүң жукарбайт.
– Андай жашоонун эмнеси жаман?
– Мен жаман деп жатканым жок.
– Анда эмнеге ошондой жашаганга болбосун? Ал үчүн көптүн деле кереги жок го.
– Аның туура дечи. Бирок менде бир гана нерсе жетиш-пей жатпайбы. Ал – сеникиндей эрк.
– Эгерде сага ошо эле керек болсо, жарымын бөлүп берейин.
– Ырахмат досум. Достун кандай экени ушундайда билинет. Бирок, мага азыр ошол бере турган нерсендин ордуна башка нерсе бере турсаң соопко калаар эле.
– Башкасы жок.
– Сенде акча жок болсо, көлдө балык жок болбойбу.
– Мына эмесе, менде акча жасай турган станок жок. Же бар деп уктуң беле.
– Станогуң болбогону менен машинкаң бар да. Ал бир чыкылдап койсо биздин эки-үч айда тапкан акча чөнтөгүңө түшүп калат. Адатта «көр казган менен баш жазган сооп» дешет го. Көрүмдү каз дебейин, жеңилирээк эле башымды жазып берчи.
Акун чөнтөгүн аңтарып алты сом алып чыгып Төлөнгө сунду:
– Болгону ушул экен. – Тигил шып эттире жулуп алды. Көзү жадырай түштү.
– Жетет, ырахмат. Жыргатпадыңбы досум. Мен азыр учуп барып келе коёюн.
– Тим эле кой, Төкө. Клубуңа олтуруп алып өзүң эле эпте, мен ичпейт эмесминби.
– Мейли анда, таарынбасаң эле болду. – Ал чыгып баратып, кайра бурулду:
– Баса, унутуп бараткан турбаймынбы, сенин китептериң көп эмеспи. Клубда эки китеп шкафы бар. Алсаң отуз сомдон сатам.
– Ал колхоздуку да. – Акун таң кала түштү. Оозуна мындан башка сөз кирбей калды.
– Эмне экен, колхоз ошол эки шкаф менен байып, болбосо кемип калмак беле. – Анын мурдун балта кесе турган эмес.
– Бирок, элдин байлыгына кол салуу – кылмыш эмеспи.
– Ой койчу дос, сен экөөбүзгө патриоттук жарашпайт. Андан көрө колуңдан келген нерседен кыя өтүп кеткен кылмыш. Чоңдор чакалап, машиналап жеп жатышат. Кана аларды батыра албай түрмөлөрдүн толуп ташып кеткени. Же алар жебей коюшкан учурда коммунизм жарк этип келип калат беле.
– Бирөө жеп атат деп эле ар кимибиз колубуздан келген нерсени алып-жула берсек эмне болот?
– Баса, сенин жазуучу экениңди унутуп койгон турбаймбы балакеттики, макалаңдын бир бурчуна кыпчый кетип жүрбө, кашайтып. Ансыз деле сахнанын көшөгөсүнөн кутула албай айлам кетип жүрөт.
– Эми мени саткын дегиң келип турабы? – Акун тырчый түштү.
– Антип катуу кетпе, Акун. Менин антейин деген оюм да жок. Албасаң жөн кой. – Ал сөздү көп узарткысы келбей тышты көздөй жөнөдү. Анын кыйыгына тийип алганын сезип шашып калды.
– Токе, сөз көтөрө албай, жукарып калыптырсың. Токто. Шкафыңдын экөөнү тең алайын. Туура айтасың, эки шкафтан килейген колхоздун кылы кыйшаймак беле. Бирок баасын бир аз түшүр.
– Баяле ошентпейсиңби философтонбой. Болуптур, сага кантип жок дейин. Жыйырма бештен берейин. Эми ыраазысыңбы?
– Албетте, аларды качан алсам болот?
– Кечинде кино бүткөн маалда араба айдатып, бак тарабы менен келе калсаң. Мен күтүп турам. Инилериңден бир-экөөнү ээрчите кел. Жалгыз көтөрө албайм да. – Ал көңүлү жайлангандай чыгып кетти.
Кеч кирип, акырындык менен көз байланды. Күн шыбыргактатып жаай баштады. Контордогулардын бардыгы небак кетишкен. Жумуш күнүнүн бүткөнү качан. Акун дале өз бөлмөсүндө. Эшиктеги жамгырдын бир ыргакта шыбыргактаган добушун тыңшап олтурду. Ал колхоз башкармасынын жумалык чогулушунун бүтүшүн күтүп жатты. Өткөн жумада өзүнүн айлык маянасын көбөйтүп берүү жөнүндөгү арызын киргизген. Бүгүнкү башкарманын чогулушунда ошол арызды да карашмак. Анын жыйынтыгын билип алып кетүүнү ойлоду. Муну эртең деле билсе болмок. Бирок ушул иштин биротоло нары, же бери болушун тезирек билсем деген дегдөөсү жылдырбай атты. Кыжаалат кылган бул маселе канча мезгилден бери чечилбей, чубалып келе жатат. Кеп анын маянасынын аз же көп экендигинде эмес. Ошол маянанын анын адамдык ар-намысына, адамдык кадырына, ариетине шек келтирип аткандыгында эле. Эки жумушту аткарып, ал тургай башкарманын жылдык отчетунда окулуучу докладына чейин жазып берип, анан алганы эң төмөнкү айлык маянанын жарымы. Мындан мурда архивде иштеген адам токсон беш сом алчу экен. Ал эми анын кереге гезиттер менен иши да болбоптур. Билген кишиге бул аны көз көрүнөө кемсинткендик, басмырлагандык, мыйзамдын тили менен айтканда анын укугун тебелегендик эмеспи. Акундун көкүрөгүн куйкалап келе жаткан нерсе – ушул.
Оо кыйлада барып чогулуш аяктады окшойт. Залда такылдай баскан кадамдардын дабышы чыкты. Ал Жыпардын киришин күттү. Чогулуштун жыйынтыгын билдирип кетмек. Ал киргенде эле маселенин жемиштүү чечилбегендигин сезди. Келиндин муңайым жүзүн карап унчукпай олтурду. Сөздү тигинин башташын күттү. Ал олтургучту көтөрүп, Акундун жанына коюп олтурду. Колун анын мойнуна арта сала кучактады. Айыптуу немедей жылмайды.
– Кечирип койчу, Акун, сага жагымсыз кабарды билгизгени турам. Көңүлүңдү оорутпачы.
– Эч нерсе эмес, андай кабарларга бышыкулак болуп бүткөнүм качан, Жыпар. Айта бер.
– Сенин арызың канагаттандырылган жок. Правлениенин көпчүлүк мүчөлөрү туура пикирлерин айтып, маянаңдын көбөйтүшүн колдошту. Жаныш аба мунун тууралыгын айтты. Бирок, башкарма көнбөй койду. Анын ою боюнча бу колхоздо «Архив башчысы» деген кызматтык штат жок экен. Ошондуктан жарым ставка менен эле иштей берсин деген чечим чыгарды. Анан комсомол комитетинин кереге гезити «Комсомол прожекторун» чыгаруу да сага тапшырылды. Бул үчүн маянаңа он беш сом кошулду. – Жыпар сөзүн бүтүп, бетин анын бетине акырын тийгизди. Колун созуп барып, чачынан сылады. Акун унчукпай олтурду. Бул багытта айтар сөзү деле жок болучу. Болгону жүрөгүнүн бир сайгылашып барып, анан басылып калганын сезди. Келиндин күчтүү атыр жыттанган алкымынан жыттады. Эми эле алай-дүлөй түшө калган көөдөнү жай ала, магдырай калды. Анан көкүрөгүнүн топчуларын чечип, тирсийген төшүнө бетин катты. Жүрөгүнүн дүкүлдөп согуп жатканы даана угулду.
– Берекем, капа болбочу. Өлүп кетсинчи ошолордун энчилеген элүү сому. Жетпеген жерине жамап алышсын. Негизи башың аман болсун. Акча деген жерге кирсин. Аны сен табасың, ал сени таппайт. – Келин анын бети-башынан аймалап жиберди. – Берекем менин, муңдашым менин, сырдашым менин.Неге сен мени азапка салып койдуң, асылым менин. Неге сага кезиктим экен? Сен жокто жаным тынч эмес беле. Эми өрттүн ичинде калдым. – Ал кулагына шыбырап, солкулдап ыйлап жатты. Акун сооротпой, өз жайына койду. Аз да болсо көкүрөгүндөгү бугун бөксөртүп алсын, деди ниетинде. Кыйлада барып басылды. Акун жүзаарчысы менен бетин жууган жашын сүрттү.
– Ыйлаагым десе, мени сооротот экен десе. – Акун аны эркелете жылмайды.
– Кечирип койчу Акун, сеникинен өз арманым күчтүүлүк кылып кетти окшойт. Ишенсең азыр мен өлүүменен тирүүнүн ортосунда жүргөндөй бир кызык, түшүнүксүз абалдамын. Эми эмне болом билбейм. – Оор үшкүрүп алды. Жумшак, жылуу колу менен Акундун жаагынан назик сылады. «Мен дагы билбейм, мен дагы ушундай абалдамын. Ошол абал эртең мени кай тарапка алып барып, кайсы жарга такап салат билбейм. Сени мен азапка салсам, мени Анара…» Негедир Акун терезеге жалт карады. Муну келин да сезди. Анын кучагынан чыгып оолактай берди. Акунга ал тараптан Анара карап тургансып сезилип кетти.
– Кеч болуп калды, мен кетейин, – деди ал чачы-башын оңдой берип. Көздөрү бүлтүйүп шишип, кызарып чыкты. Акун ордунан турду.
– Жеткирип коёюн, эшикте күн жаап атат.
Машинанын төбөсүн жаан тынымсыз дыбыратып черткилеп жатты. Аны экөө тең үнсүз тыңшап олтурушту. Бир оокумдан кийин келин үнүн акырын чыгарды:
– Балким үйгө кирерсиң?
– Экөөбүз түн катып ээрчишип кирип барсак, энең эмне дейт?
– Ал бир айдан бери уулунукунда. Келини төрөп, каралашып атат.
– Укпаптырмын, – Акун жөн салды гана айтып койду.
– А эмне, уксаң келет белең? – Келин анын кулагына наздана шыбырады.
– Келгенге болбойбу?
Бул суроо жоопсуз калды. Келин эңкейе берип эрдинен узакка өптү.
– Балким үйгө кирерсиң? Даам ооз тийип кет. – Мойнунан кучактаган колун коё бергиси келбей турду.
– Ырахмат. Үйгө кетишим керек.
– Мүмкүн, мендей шуркуяныкына киргенден коркуп, уялып жаткандырсың. – Келин колдорун шарт тартып алды.
– Койчу Жыпар, ансыз деле талкаланган көңүлүмдү ого бетер быркыратып тебелебечи, суранам.
– Анан эмне үчүн меникине киргиң келбейт?
– А сен чындап эле менин киришимди каалап турасыңбы, Жыпар, – Акун машинанын ичиндеги күңүрт жарык менен ага кунт коё карады.
– Сен эмне, аялзатында сезим деген нерсе болбойт деген турасыңбы?
– Жок, андай оюм жок. Айтчы Жыпар, менин сага эмне керегим бар? Ушуга түз жооп бере аласыңбы? – Ал машинанын ичиндеги жарыкты өчүрүп койду. Түн караңгы эле. Жаан дале дыбырап жатат. Жыпар кыйлага үндөбөй олтурду. Бир маалда терең улутунду. Башын Акундун ийнине жөлөдү. Чачы бетине жайыла берди.
– Эх, Акун, кээде тагдырдын сага кезиктиргенине аябай өкүнүп кетем. Сен кезиге электе бейкапар шарактап жүрө бере тургамын. Эми ойлоносуң дечи, бирок… Турмушуң бир бузулган соң, болбогон нерсе экен. Канчалык тырмалаңдасаң да калыбына келтире албайсың. Бир тепкичтен эптеп аттасаң – дагы бири дегендей. Өйдө чыгам деп жаналекетке түшүп жатып эле, төмөн кулап кеткениңди байкабай каласың. Ошондой билинбей кулап бараткан кезимде сен туш болдуң. Адеп эле мага жасаган өзгөчө мамилең жагып калды. Жүрөгүмө бир жылуулук акырын агылып киргенин сездим. Сен айланамдагылардын эч бирине окшобойт экенсиң. Анткени аларга менин сезимим эмес, мен, менин денем гана керек. Мен да тирүү жанмын го. Сүйүүгө, сүйүлүүгө акылуумун. А сен менден бузулган келинди эмес, дал ушуну көрдүң. Менин жалгыз экенимди сездиң. Бул менин өчүп бараткан жылдызымды кайра жандыргансыды. Бараткан балчык жолумдан буруп койдуң. Айрыкча мага арнап ыр жазганың… Мен ошондо өзүмдү чыныгы адам деп адеп сезгенсидим. Ушун үчүн сен мага кымбатсың, Акун. Сен – менин сүйүүмсүң, Акун. Ооба, мен муну айтуудан уялбайм. – Ал унчукпай калды. Экөө кыйлага өз ойлору менен алек боло тунжурап отурушту. Бир маалда келин Акунду мойнунан кучактай кулагына наздана шыбырады:
– Асылым менин, арманым менин, бүгүн меникинде эле калып калчы.
– Таарынба, азыр менин кетишим керек. Күтүп жатат.
– Кечирип койчу, кымбатым. Кээде албууттанган сезимдин кулу болуп кеткенимди да аңдабай калам. Адамдын күткөнү бары жакшы турбайбы. А мени эч ким күтпөйт. – Ал машинадан шарт түшүп, чыгып кетти. Маңдайкы терезеден куюлуп жаткан жаан суусун эки щетка тынымсыз нары-бери сүргүлөп жатты…
Кечээ кечинде башталган жамгыр, таңга маал басылган. Бирок, өктөсү калгандай асман түнөрүп, күн көзү көрүнбөйт. Эшик чыкыроон тартып турат. Күн кайрадан жаачудай түрлөнүп турат шекилдүү.
Акун конторанын жанынан шыдыр эле жогору өтүп кетти. Ал жерде турган төрт-беш адамдын бирөөсү ага кол булгап калды, аны күтүп жаткан неме окшойт. Ким экенин байкабай да калды. Почтонун эшигинин алдына барып токтоду. Үч күндөн бери газеттерин ала элек эле. Терезден көргөн Кымбат чыгып келди. Колундагы газеттерди, анан бир чоң таңгак нерсени берди.
– Кандайсың, Кымбат, иштер кандай, сени убара кылып койдум го.
– Эмненин убарасы, өзүң кандайсың? Көрүнбөй кеттиң го, сагындырып.
–Тажатып турганча ушинтип сагындырып турганым жакшы эмеспи. Бул эмне экен?
– Москвадан келиптир, заказ кылган китептериң окшойт. Он эки сом төлөшүң керек.
– Ырас болбодубу, буларды абдан күтүп аттым эле. – Ал чөнтөгүнөн акча алып Кымбатка сунду.
– Бул эмне китептер?
– Адабият теориясы, журналистика, тил боюнча китептер. Мага абдан пайдасы тиет. Баса, кат бар бекен?
– Эки кат бар, сага келбегенде мага келмек беле? – Ал шыңк эте күлүп койду. Бирок, анысы кандайдыр бир жасалма, күч менен чыккандай сезилди. Жүзүндө терең жашырылган кайгынын көлөкөсү көрүнгөнсүйт.
– Сен антип эмитен эле үмүтүңдү үзбө да.
– Жигиттердин баарынын жүрөктөрүсеникиндей назик, боорукер болсо кана. Болуптур эмесе. – Ал кирип кетти. Акун артынан бир азга карап турду да, газеттердин арасын карады. Эки кат бар экен. Колуна адеп эле Анаранын каты урунду. Бир кыйла калың экен. Жүрөгүнө бир жылуулук агылып киргенсиди. Конвертти ачып баратып кайра токтоду. Жанына коюп машинасын айдап жөнөдү.Толкунуна күз менен жалгыздыкты өңөргөн көлдүн жээгине келди. Асман бетиндей түнөргөн көлдүн удургуган толкундары бири-бирин кубалай келип, жээкке соктугушат. Анан деми кайта түшүп, артка тартышат. Анын артынан дагы бири демитет. Балким, көл деле жалгыздыктын азабына батып, өзүнчө толкунданып жаткандыр. Бул ой Акундун көкүрөгүнө тепчилип өттү. Анан ал катты ачты. Сүрөт бар экен. Алакандай кагаздан телефондун түтүгүн кармаган татынакай, кара көз, кара каш, өрүп койгон бир тутам чачын ийнинен ары таштап койгон, маңдайынан ак жылдыздын оту жанган кыз ууртунан жумшак, назик жылмаюусун жашыра карап турду. Көрсө, ушундай экенсиң да, Анара. Ал бир оокумга дейре сүрөттөн көзүн албай карап олтурду. Негедир тааныш, мурда бир жерден көргөндөй болуп кетти. Бирок, качан, кайдан көргөнүн түк эстей албай койду. Анан аны маңдайкы айнекти бекиткен резинкага ылдыйкы четинен кыпчытты. Машина көл тарапты баштанып турган. Ошондуктан алды жакты караганда толкундап жаткан көгүлтүр көлдүн дал ортосунан чыга калып, карап турган сыңары көрүнүп калды. Бул да өзүнчө бир кызык, ойдо жок жерден пайда болгон көрүнүш эле. Балким, бул көл касиетинин ага тартуу эткен белеги чыгар. Же тагдырынын небак таш болуп калган жүрөгү капысынан жибип кетип, жылмая караганы бекен? Неси болсо да ушу керемет көрүнүшкө суктанып, кош карегин тартып кете албай, тунжурап олтура берди. Бул учурда ал үчүн мезгил деген нерсе токтоп калган. Дүйнөдө ал, көл, анын дал ортосунан чыгып карап турган кыз. Башка эч нерсе, эч ким жок. Бир маалда баятадан бери өркөчтөнүп аткан толкундар жапырыла берип, тынчып калышты. Акырындык менен көл кичирейип барып, анан жок болуп кетти. Анын ордун кыздын сүрөтү туш тарабынан жайыла чоңоюп отуруп, бүтүндөй ээлеп алды. Жок, сүрөткө көлдүн орду да тардык кылып баратты. Тээ наркы күңгөй тоолору нары жылып, асмандагы түрмөктөшкөн кара булуттар жогорулады. А сүрөт дале жайылат. Ал эми кайда барып токтойт, белгисиз. Балким, бүт дүйнөнү ээлеп калаттыр. Акундун бир жерине капысынан чок тийип кеткендей селт этти. Көзүн жуумп жиберди. Жок, баардыгы – көл да, тоо да, булуттар да, сүрөт да өз-өз орундарында турган экен. Жөн гана ал өзү сүрөттүн ичине ою менен кирип кетиптир. Эми эсине келгендей, башын чулгуп алды.
Кат таңгак китептердин үстүндө жаткан. Бир нече барак толтура жазылыптыр. «Акун, сенин катыңды окуп алып чочуп кеттим. Эмнеге дебейсиңби, көрсө сен мени жакшы тааныйт экенсиң. Ал түгүл мен жашаган дүйнөгө да кирип чыгыптырсың. Мен ойлогон ойлорду, сезген сезимдерди да жакшы билет экенсиң. Сен эмне, көз ачыксыңбы? Болбосо экөөбүз турмуштун каткалаң жолунан бир басып өткөндүрбүз. Ошо жолдо капысынан гана кезигишпей калгандырбыз. Ооба, сен жашаган чөл дүйнөдө мен да жашагам. Андагы бодур таштарга таманымды тилдирип, сөксөөлдөргө денемди тыттыргамын. Чөлдүн аптабына акактап, бир тамчы суу көздөн учкан. Анда сага Аккуу келип, дүйнөңдү өзгөртүп жиберген экен. Бирок, мага Акбоз атчан келбеди. Мен аны зарыга күттүм. Ошол күтүү өмүр жашымдын далайын алып кетти. Шылдырап аккан мөлтүр булагым соолуй баштаган. Жаштыгымдын гүлдөрүнүн көпчүлүгү ошо күтүү деген нерсенин аптабынан күбүлө баштаган. Анан тээ алыстан шаңданган Акбоз атчандын карааны көрүндү. Менин бүткүл жан-дүйнөм ошол тарапка бурулду. Сеникине окшоп, менин да кунарсыз дүйнөм өзгөрө баштады. Балким, ошо келаткан Акбоз атчан сендирсиң, Акун?..» Ушул сөздү окуган кезде жарк эткен күчтүү жарыктан көзү тунара түштү. Маңдайдагы удургуган кара булуттарды ийрелеңдеген чагылган жара тилди. Анан кулак тундура дүңгүрөгөн добуш көлдү чайпалтып жибергенсиди. Балким бул чагылган эмей эле Анаранын суроосудур? Ал анын сезиминде жаңыра түшкөндүр? Бул кайып келген жолбун ойдун чын-бышыгына жете албай, элейип олтуруп калды. Жок, чагылган экен. Дагы бир сапар жарк этти, бирок бул жолу алсыз эле. Антсе деле түнөргөн көлдүн бетин бир жаркытып өттү. Толкундар күчөй баштады. Жээктеги шыңга теректер ийиле, бири-бирин чапкылап жатышты. Анткен сайын саргайган жалбырактар күбүлүп, алда-кайда чачырайт. Кудум Акундун ой-санаасындай. Көлдүн дал ортосунан чыгып карап турган Анара дагы бир жолу: «…келаткан Акбоз атчан сендирсиң, Акун?..» – деп сурады күңгүрөнгөн добушка аралаша. Узак жарыштан озуп келе жаткан сай күлүктүн оозун жыра тартып токтотсо эмне болору белгилүү эмеспи. Кыздын суроосу да Акунду ошондой абалга кирептер кылып койду. Андан суурулуп чыгып кетүүгө азыр аргасы жок эле. Толкунун өркөчтөнтө албууттана баштаган көл бет алдында гана эмес, бүт айланасын курчап алгандай, тигил сүрөт менен катарлаша туруп калгандай сезди. Айласы түгөнүп, сүрөттөгү кызга жалдырай карады. Ал жылмая берип: «Эч нерсе эмес, Акун. Кооптонбо, мындай учу узарган учурлардын далайынан өтпөдүңбү. Эми мындан өтө албай калмак белең. Кааласаң – өзүм өткөрүп алам» – деп жаткансыды…

* * *

Көлөкөдө отурган Акун терең ойдун кучагынан ажырап, баш көтөрдү. Күн кыңайып калыптыр. Ит-Тиши тоосу тараптан жорткон сыдырым желаргыга дарактын баштары эрингендей жай термелишет. Бири менен бири чымчылашып ойношкондой тийип качышат. Торгой дале тилин безейт. Мунун жүрөк кылдарын дирилдеткен мукам абазы эзели бөксөрбөчүдөй, кемибөчүдөй. Таңдайы катып чаалыга турган түрү да билинбейт. Бирде бул жерден, бирде тигил жерден угулат. А өзү карек учуна илинбей, туш тарапка чабыттата эсиңди эки кылат. Сайраган үнү бир көз ирмем мурда тетиги дүпүйгөн теректин баш жагынан чыгып атты эле, эми заматта бул Анаранын бейити тараптан угула баштады. Акун бет маңдайындагы ошо үйүлгөн молону тунжурап карап олтурду. Пайда болгонуна бир нече күндүн гана жүзү болгонуна карабастан кургап, бозоро түшкөн. Негедир ал топурактан эмес эле – бу адам баласынын кайгысынан, күйүтүнөн, арманынан бүткөндөй мостоёт. Дүйнөдөгү эң асыл адамын түпкүрүнө жашырып, үрөй учурган бир муздактык, жүрөк болкулдаткан сырдуулук уруп турат.
«Түбүң түшкөн көр бейит, ошо асылды өзүңдүн муздак кучагыңа кантип батырдың, аны өзүңдүн ушул шордон бүткөн, ыйдан бүткөн боз топурагыңа аралаштырганга кантип батындың? Кантип дитиң барды? Неге бир солк деп койбодуң? Ошондой асылзатты көргөнүңдө эмне үчүн көзүң тунарып, биротоло кашайып калбадың? Менин өзөктөгү алоолонгон өртүмө эмне үчүн сенин жүрөгүң чыр эте кайрыла түшпөдү, ыя? Неге анын ысыгын сезбедиң? Жок, сен эч нерсе сезбейсиң. Анткени сенде жүрөк аттуу, сезим аттуу нерсе жок. Ошондуктан сени бейит дейт. Сен болгону адамдарды тирүү дүйнөдөн – өлүү дүйнөгө өткөрүп туруучу жансыз көпүрөсүң. Сенин вазийпаң ушу гана. Бешенеңе ушул жазылган. Кандай жаман, кандай оор вазийпа. Жарыкчылыкта деги ушу нерседен өткөн жаза барбы? Муну кантип аркалап, кантип чыдап жүрөт болдуң экен? Дагы унуткан турбаймбы, сенде сезим болбосо баары бир да. Өз вазийпаңдын жүгүн билбейсиң, билбегениң жакшы. Сага жеңил болот. А балким, ошо билген үчүн адамдардын ачуу көз жаштары жапжашыл ыраңыңды өчүрүп, биротоло бозортуп салгандыр. Кайгылары чогулуп отуруп бүткүл денеңе сиңип кеткендир. Азыр да менин жүрөгүмдүн сыздап жатканын сезип, ошого жаның кейип аткандыр. Мүмкүн менин ошо абалымды асылыма жеткирип, аны түйшөлтүп, тынчын алып жаттың бекен? Кокус ошондой болуп калса – антпе. Жайына кой, кыйнаба. Менин кыйналганым деле аздык кылбайт. Ал эми тынч жатсын. Анткени тынчтык – маркумдардыкы, кыйналуу – тирүүлөрдүкү эмеспи».
Ушу сыяктуу ойлор анын көөдөнүндө чабыттап жүрдү. Капысынан аны чар учкандай таратып, ордуна башка бирөө келди. Жок, байкаса экөө экен. Эми алар өз ара талашка кирди: «А эмне, тирүүлөр сөзсүз эле кыйналыш керек бекен? Анда жашоо деген нерсенин кызыгы бөксө болуп калбайбы. Өмүр ошол үчүн эле берилген эмес да» – деди биринчиси. «Бирок, Акун эс тарткан кезден бери эле аны өз жонуна көтөрүп келе жатпайбы». Экинчиси ага каршы болду. «Туура, эми анын жөнү такыр башка да. Анын тагдыры ошондой жолго салып койгон. Аны өзгөртүүгө, башка бир төтө жолго түшүп кете албайт да». «Сен бир аз жаңылышып жатасың, досум. Бул пикириңдин калпыстыгын ал өз турмушу менен далилдеди го. Ошол тагдырдын татаал жолунан чыгып, төтө жол таппадыбы беле. А буга эмне дейсиң?» Тигил эми мунун оозун аппак кылдым го деген ниетте карап калды. «Анысы да бар. Бирок анын ошол төтө жолго түшүп кетишине Анарасы да көп күч сарп кылбадыбы. Муну жокко чыгара албайсың, досум. Болбосо ал өзү жалгыз эмне кылат эле». Анын жүйөөлүү жооп таап кеткенине бир чети ыраазы боло түшкөн беркиниси токтоо унчукту: «Мунуңа мен кошулам. Бирок…» Жок, ал экөөнүн бул талашы бүгүн бүтчүдөй эмес. Акун башын силкип алды. Бирок, жанагынын төтө жол жөнүндө айтканы сезиминен алыстабай койду. Анан анысы акырындык менен ээрчитип олтуруп, ошону көздөй алып жөнөдү…
Дирилдеген канаттарына жадыраган наристе жазды жашыл жоолуктай желбирете кондуруп алышкан келгин куштар кайтып келишти. Алар жалгыз гана жазды алып келишпеди. Акун үчүн зор ийгиликти алып келишти. Көптөн зарыга күткөн биринчи китеби жарыкка чыкты. Бул анын чыгармачылыгындагы зор жетишкендик эле. Жаңы үмүттү алып келди. Сүйүү алып келди. Ооба, сүйүү алып келди. Анара экөөнүн кат алыша баштаганына төрт жылдын жүзү болуп кетти. Мезгилдин учкулдугун кара. Билинбегени менен бул мезгил анын өмүрүнүн гүлгө оролгон өзүнчө бир кыраңына айланды. Тээ алда качан, балалыктын баё курагында Анара аттуу периште кыз алгач ойготуп, ортодо алда качан өчүп калган жылдыздын үзүрүндөй үлүңдөп, биротоло сөнүп бараткан керемет сезимди Анара… жок, ал эмес, азыркы андан кем калбаган периште кыз Анара кайра жандырды. Ал мурдагы уяң, алсыз сүйүү эмес болучу. Чыныгы сүйүү эле.
Оо, мунун эмне экендигин, эмне деген керемет, эмне деген азап экендигин ал сөз менен жеткирип түшүндүрө албайт. Буга кудурети жетпейт. Деги, аны сөз менен айтып, сүрөт менен тартып жеткирүүгө болобу? Ал эмес дүйнөдөгү улуу акындар, улуу сүрөтчүлөр да эч жеткире алышпай арманда кетишти го. Аны сүйгөн жүрөктүн өзү гана билет, өзүгана сезет. Ошол сыңары эми экөөнүн каттары биригип барып, эки жүрөктүн бири-бирине өтө турган бир ыйык көпүрөсүнө айланып кетти. Ошол көпүрө Акунду күтүп жатты. Бирок, ага алып бара турган төтө жол шыдыр эмес болучу…
Конторада эл аягы сээлдеп, бешим ченге чукулдап калган маал эле. Кирген-чыккандардын да карааны үзүлгөн. Алдындагы кагаздарды тиешелүү папкаларга салып, Акун аларды өз орундарына коюп жаткан. Бүгүн эртерек кетсем деген ниетте жыйнала баштады. Ушул учурда Жыпар кирди. Көздөрү шишимек тартып, кызарып калыптыр.
– Сага эмне болду Жыпар, ыйладыңбы?
– Жок.
– Көзүң айтып турат го.
– Келе папкаларды, мен коёюн. – Ал калың папкаларды текчелерге шыпылдата тизе салды. Анан ал Акунга алдыртадан муңайым карады. – Мен жумуштан кетүүгө арыз бердим бүгүн.
– Эмнеге, буга эмне себеп болду? – Акун кабатырлана сурады.
– Бул жерден кетпесем болбой калды.
– Жайынча түшүндүрө аласыңбы?
Ал терезеге басып барды. Эки колун кайчылаштыра бооруна алып, сыртты карап кыйлага тунжурап турду. Анын бул көрүнүшү негедир аянычтуу сезилип, Акундун жүрөгүнө тыз эттире ийненин учу сайыла түшкөнсүдү. Ал да унчукпай олтурду. Анан Жыпар бери бурулду. Көздөрүндөгү ирмеле калган жашты кол учу менен сүрттү.
– Анын эмне зарылчылыгы бар, бир нерсе өзгөрүп кетмек беле?
– Ошентсе да. Балким, биргелешип бир жагдайын таба аларбыз.
– Сен эмне, мага чындап эле түшүнбөй жүрөсүңбү, же жөн гана түшүнгүң келбейби? – Ал ага тике карады. Көздөдөрүндө кандайдыр бир кыжырдангандык да, олуттуулук да бар эле.
– Түшүнөм Жыпар. Бирок… – Андан наркы сөзүн көмөкөйүндө жутуп токтоп калды. Башын төмөн салды.
– Кептин баары ошол бирокто болуп жатпайбы. Мен абдан кыйналып жүрөм, Акун. Мындан нары чыдай ала турган эмесмин. Сенин көңүлүңдү да жайына койбодум. Ансыз деле тынч эмес экенин жакшы билем. Анткен менен сен бактылуусуң, Акун. Сенин Анараң бар. Анаранын Акуну бар. Эки жүрөктө чыныгы сүйүү бар. Муну кайдан билет деп таң калба. Экөөңөрдүн катыңарды почтадан алып окуп, кайра чаптап жүрөм, Акун. Бирок, бирөөнү да жоготконум жок. Мунумду кечирип койчу. Мен ишенем, экөөңөр качандыр бир кезде жолугасыңар. Биригесиңер. Башкача болушка эч мүмкүн эмес. Антпегенде турмушта, жашоодо адилеттик болбой калат. Ал эми менин жайым башка. Мен сенден алыстап кетишим керек. – Ал анын жанына басып барып бекем кучактады. Бетинен өптү. – Бактылуу бол, кымбатым, – деди шыбырай. Анан шарт бурулуп эшикке жөнөдү. Эшикти ача берип кылчайды:
– Сени башкарма чакырып атат. – Эшик карс жабылды. Ал денесине тийгендей селт этип алды. Ооз ачууга да үлгүрбөдү. Эми эле бейпил жаткан жан-дүйнөсүнө күтүлбөгөн бир куюн тийип өткөндөй болду. Ошол будуң-чаң түшө калган сезимден алыстай албай кыйлага тунжурап олтурду. Анан турду да, башкарманын кабинетин көздөй басты. Жыпар ордунда жок экен.
Башкарма колхоздун комсомол комитетинин секретары Аким менен бир нерселерди сүйлөшүп жатыптыр. Акун киргенде унчукпай калды. Анын олтурушун күтүп олтурду. Кабагы салыңкы. Колундагы калем менен алдындагы кагазды чиймелеп жатты. Анысы же жазуу экени, же сүрөт экени билинбейт.
– Иштериң кандай Акун? – Ал калемди таштап койду. Ал катуу ташталгандыктан стол үстүндө тоголонуп барып жерге түштү. Негедир аны токтотуп калганга аракеттенбеди. Аким элпектик менен тура калып алып берди.
– Жакшы аба, ырахмат.
– Жумушуңдан кыйналбай элесиңби?
– Жок.
– Башка кандай маселең бар?
– Эч кандай маселем деле жок, аба.
– Жакшы экен. Анда «Комсомолдук прожекторду» чыгарууга сага эмне тоскоолдук кылып жатат? – Ал аны тикирейе карап калды. Аким арызданып кирген экен да. Эмнеге чакырганын эми түшүндү. Эмнегедир чыйрала түштү. Шарт жооп берди:
– Ал менин милдетим эмес да. Аны Аким чыгарышы керек.
– Мен жазганды билбей атпаймбы. – Аким үнүн айыптуу немедей пас чыгарды.
– Ар кимибиз колубуздан келген нерсени иштешибиз оң го.
– Аның туура, Акун. Буга талаш жок. Бирок, биздин колхозго тиешелүү иш – жалпыбыздын ишибиз. Ушул жагын эстен чыгарбашыбыз керек. Кандай дейсиң?
– Мен аны унутканым жок, аба. Эки жылдан бери эки кереге гезитти чыгарып келатам. Анын кандай чыгып жатканын өзүңүз жакшы билесиз. – Акун унчукпай калды. Тигил жүйөөлүү сөзгө муюгандай башын ийкеп койду.
– Билген үчүн бул гезитти дагы жакшы чыгарат деп сага ишенип тапшырганбыз да.
– Ишенимиңиздер үчүн ырахмат, аба. Бирок, мен аны актай албайм.
– Эмне үчүн? – Башкарманын үнү өзгөрүп, катаалдана түшкөнү байкалды.
– Адам өз эмгегине жараша акы алыш керек, бул негизги закондо жазылган. А анда майыптар аз эмгек акы алсын деген жери жок. – Акун кызуулана сүйлөп келатып, үнү дирилдей түшкөндө токтоп калды. Башкарма аны унчукпай карап калды. Анын мынчалык сүйлөй аларын билбесе деле керек.
– Туура түшүн, Акун. Сени эч ким майып деп жаткан жери жок. Бизде «Архив башкаруучу» деген кызматтык штат жок. Ошондуктан жарым ставка менен иштеп жатасың.
– Кеп акчада эле эмес, аба. Кудайга шүгүр, мен эч кимден жардам сурабайм. Бирок, мен өз эмгегимди кимдир бирөөлөргө жем кылгым келбейт.
– Жаңылышасың, Акун. Сенин эмгегиңди эч ким жеген жери жок. Жөнү жок таарынба. Он-он беш сом кошуп берели, гезитти чыгар.
Акундун муштумдары өзүнөн өзү түйүлө түштү. Бир сөз айтайын деп барып, кекиртегине бир нерсе кептеле калгандай муунуп кетти. Көздөрү жашылданып, нымдалыша калды. Бирок, мунусун тигилерге көрсөткүсү келбеди. Ордунан күч менен турду.
– Кылган жакшылыгыңыз үчүн чоң ырахмат аба, бирок мен кайырчы эмесмин. Арызымды эртең менен берип жиберейин, кол коюп бериңиз. – Ал акырын басып чыгып кетти. Тигилер үн катпаган бойдон калып калышты.
…Жол бирде көл жээктеп, бирде алыстап тийип-качат. А бирде түптүз эле ага кирип кетчүдөй качырып барып ойт бере бурулат. Көгүлтүр көл асман менен бет маңдай жатып алып сырдашкан сымал ойго туна, мелтирейт. Миңдеген, жүз миңдеген жылдык тарыхты караса көз жетпеген, сунса кол жетпеген тереңиңе сиңирип, сөөлөт күтө калбаат. Акылман карыялардай көрүнөт, жарыктык. Мурда автобус менен өтүп жүргөнүндө жолдун мынчалык ойкуп-кайкыганын Керез негедир элес албаптыр. Көлдөн көзүн албай баратып эми гана байкады. Анын үстүнө бул жол менен өтпөй калганына канча жыл болуп кеткени да эсинде жок. Көртиричиликтин чимирилген айлампасынан чыга албай жүрө берип көл эмес, өмүрүңдүн алыстап кеткенин да байкабай калат турбайсыңбы.
Мына, абышкасынын дүйнөдөн көзү өтүп кеткенине сегиз жылдын жүзү болуп кетти. Бирок, кечээ эле, азыр эле жанында, балдарынын арасында жүргөндөй, неберелеринин бирин чепкенинин бооруна ката көтөрүп, экинчисин колунан жетелей бак аралай басып кеткендей, бир аздан соң кайра келип калчудай сезиле берет. Ичинен коңултактай берет. Балким, балдары деле анын жогуна көнүп баратышкандыр. Кантсе да алардын өз үйү, өлөң төшөгү дегендей өз тиричиликтери бар эмеспи. Карап турсаң, турмуш дегениң ушу экен да. Ар кимисинин өз жолу бар. «Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар». Көрсө мунун деле бир жүйөөсү бар турбайбы. Өз орду, көтөрүп жүргөн өз жүгү бар экен. Жөн гана көп нерсеге өз учурунда ой токтотуп, маани бербейт экенбиз да. Муну деле көз жаздымында калтырып, анын салмак-баасына ой токтоткон эмес экенбиз. Бул сөз кезегинде бир жатынды жарып чыккан балдарга тиешелүү эместей сезилет. Бирок турмуш дегениң учурунда дайыма эле андай боло бербестигин көздү чукуп көрсөтүп коёт экен. Абышкасы экөө кырк жыл чогуу жашап, тууру түшкөн турмуштун музуна тоңуп, отуна күйүп жүрүп он бир балалуу болушту. Он бир түйшүк, он бир азап. Тагдыр буйругу экен – экөөнү жерге беришти. Таңдан кечке тырмалаңдап жүрүшүп, калгандарын чоңойтушту. Үйлөнтүштү, жайлантышты. Тобо, кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдар-кыздары жаман болуп чыгышкан жок. Эл оозунда бир кылапат сөзгө калтырыша элек. Ылайым эле ушунусунан жазышпасын.
Бир гана өксүгү – ошо түмөн түйшүк менен эрезеге жеткирген балдарынын ысык чайын чала ичип, көрө турган убай-сыйын чала-була көрүп келбес жайга кетип калган абышкасына жаны ачыйт. Ичи эңшерилет. Жаны бирге тору атын минип алып, бирде бул уулунукуна, бирде тигил уулунукуна барып, аларга баш көз болуп, калдайган караанын көргөзүп жүрө турса болбойт беле. Минтип уулунун машинесине түшүп алып, бирге жол жүрсө жаман болот беле, атаганат. Байкуш абышка, ушул уулу үчүн эмнелерди гана көрбөдү. Чачын эрте агартып, жарым жашынын көбүн алды го. Бир нерсе болсо эле көгөргөн көзүнөн жашын куюлтуп олтуруп кала турган. Кай жерде бир жакшы молдо, кожо бар дейт дегенди кулагы чалып калса, эч нерсесине карабай жонуна сундуйтуп көтөрүп алып жөнөп берүүчү, байкуш.
Бир сапар, анда бул уулу тогуз жашта болсо керек эле, кимдир бирөөдөн Токмокто кыйын молдо чыгыптыр дегенди угуп келиптир. Ошондон тартып күн тынымын, түн уйкусун жоготуп койду. Ошого алып барса эле баласы безилдеп кайра чуркап келчүдөй өрөпкүп алды. Бир коюн сатып жол киресин белине түйүп, баласын жонуна көтөрүп бир күнү таң заары менен чыгып кетти. Токмокко бешимде келишти. Мурда мында келип-кетип эле жүргөн. Бирок, кийин заңгыраган жаңы тамдар салынып, кыйла өзгөрүп калган экен. Баягы молдонукун издеп келатып, байкады.
Бир жерге келгенде уулун узунунан кеткен чоң, бийик тамдын жанындагы бактын түбүнө олтургузду да, өзү тигиндей, далдоо тарапка басты. Заара ушатып кайра келсе баласы ордунда жок. Нары чуркап, бери чуркап карады. Жок. Заманасы заматта тарып кетсе болобу. Антпегенде, көтөрүп жүргөн баласын көз ачып-жумганча жоготуп жиберсе, бул эмне деген жорук, кокуйгүн. Же бир анысы тигиндей басып ойноп кетти дегендей болсо экен. Санаасы самандай сапырылып кетти. Балким, бирөө көтөрүп кеткендир. Болбосо олтурат эле го. Андай болсо кантип табат, кокуй? Мобул үйлөрдүн ар бирине кирип чыгабы, а орустар болуп калса кантип сурайт? Орусча бир сөз билбесе. Таба албай калса үйүнө кайсы бети менен барат? Үйдөгүлөрүнө эмне деп түшүндүрөт? Балаңдан аша кечип, өзүң эле жоготуп келбедиңби деп да айтчулар чыкпай коймок беле. Эл оозунда элек жок дейт эмеспи. Анда эле тирүүлөй өлбөдүбү. Ал го ал дечи, ал эми баласынын көргөн күнү эмне болот десең. Ошо көтөрүп кеткен киши эле аны жыргатып жибермек беле. Бир жерге алып барып таштайт да. Каргыш тийген бул ой анын жүрөгүн бырчалап жибергенсиди. Чуркап жүрүп, өпкөсү көөп чыкты. Сакалынан жашын агызып ыйлап алды.
Бир маалда жанагы автобустан түшкөн жерине кайра барып калган экен. Ошол жерде туруп алып, ой токтотту. Ушундан тартып кай тарапка басканын болжолдоду. Азыркы келген жолу эмес, тетиги жол менен кетсе керек эле. Ошого түштү. Жогору баратып, баласын олтургузган отургучту тапты. Ушуга бир аз олтуруп эс алышкан. Өтүп бараткан кишиден молдонун үйүн сураган. Андан өйдө басты. Мобул заңгыраган тамдын жанынан өткөнүн эстеди. Буйруса туура баратат окшойт. Анын нары жагында да ушундай чоң там боло турган. Ал ошол жакка басты. Тигине, туруптур. Ал дегдеңдеп чуркап жөнөдү. Тамды айлана берип, калың түптүү бакты көрдү. Ошол бак боло турган эле. Берки баштары кыркылган майда бактарды айлана берип, ошол бактын түбүндө ыйлап олтурган баласын көрө койду. Учуп жетип кучактап жыгылды. Кучакташкан ата-бала ой-боорунча букулдап ыйлап олтурушту. Аларды кой-ай деп койгон жан болбоду. Тигиндейден көрүшкөн айрым кишилер бул экөөнө таң кала карап өтүп жатышты.
Ушул окуяны кээде айтып алып ыйлап калучу, кургур. Ошентип ыйлап жүрүп баласынын чайын да тыңгылыктуу ичпей кетти. Азыр бул машинанын ичинде калдайып олтуруп, Фрунзедеги кызыныкына бирге барганда эмне. Жонунан түшпөй көтөртүп жүрүп, жоголуп кете жаздаган баласы эми минтип, эл оозуна кирип, китеби чыгып, кичинекей болсо да машина айдап баратканын көрсө кубанганынан жүрөгү жарылып кетет беле, байкуштун. Ырас, анын үйлөнүп, бир уулдуу болгонун көрүп кетти. Санаасы бир аз тынып кетти. «Биздин көзүбүз өтүп кетсе, балам кор болуп калат» – деп канча ыйлабады, кургур. «Койчу абышка, саркоролдой бир туугандары, эже-карындаштары турат го. Алар кантип эле каралашпасын» – дечү үмүттүү карап. «Аның туура дечи, кемпир, бирок бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт. Баары бир ар кимдин өз түйшүгү, өз тиричилиги болот» – деп улутунуп коюучу. Көрсө билген экен. Айткандай эле тогуз баланын тогуз башка шаары, тогуз башка жолу бар. Кудайга шүгүр, бири-бирине өйдө карашпай, колунан келүчү нерселери менен каралашып турат. Биринин казанына бири аш салып беришпегени менен бирине-бири күйүмдүү. Теңир ушуну кут кылгай экен.
Көл көрүнбөй калды. Тасмадай түрүлгөн жолдон көз албай тунжурап, өз ою менен алек болуп бараткан Керез терең улутунду. Акун ага карап калды.
– Чарчадыңызбы, эне?
– Жок балам. Чарчаган деле жокмун. Бул жолдо ичинде чаңы буруксуп, калдыраган автобуста чарчабаган энең эми сенин ушу жумшак машинеңден чарчамак беле.
– Арткы жөлөңгүчүн түшүрүп берейинби, бир аз жатып эс алыңыз.
– Тим эле кой, балам. Жер көрүп барайын. Атаң байкуш ушул жолдон эки аттык араба менен Кочкордон туз тартчу. А ал кезде мындай күзгүдөй жол кайда, катыгүн. Таш жол. Калдыраган жыгач дөңгөлөктүү араба. Биздин айылдан тетиги эле Кочкорго чейин келип-кетүү эмне деген азап. Силер автобустун катуу-жумшагына карап калбадыңарбы. Эми минтип жеңил машинеде зымырап баратам.
– Бул дагы кичинекей болуп атпайбы, эне. Буйруса, чоң машина алсам, анан чындап зымырайсыз. – Акун энесинин көңүлүн көтөрүп койгусу келди.
– Башың аман болсо, ал күнгө деле жетсиң, балам. Колдо болгонго топук кылып жашоо керек.
– Туура айтасыз, эне. Бирок, адам үмүт менен өмүр сүрөт турбайбы. Ал дайыма умтулууда, изденүүдө болот экен.
– Антпесе болбойт, уулум. Жашоо – күрөш дегени ошол эмеспи. Ошо күрөштү да өз жолу, өз ыгы менен жүргүзбөсө өз жемишин бере бербейт. Кудайга шүгүр, сен өз күрөшүңдүн жемишин көрүп жатасың. Буйруса дагы көрөсүң, ушунуңду кут кылсын. – Ал бери эңкейип уулунун маңдайынан өөп койду. Дөңгөлөктүн алдында чарык жиптей түрүлүп бараткан жолго тигиле, унчукпай калды. Өр таяна берген машинанын мотору күчүркөнө дүрүлдөп, жүрүшү азая түштү. Белге чыгып алган соң, нары көздөй жеңил кетти. Акун да жеңилдей түшкөнсүдү. Көздөрү жолго тигилгени менен ою энесинин жанагы айткан «күрөштүн жемиши» деген сөздөн алыс кете албай койду. Жакшы айтылган сөз болду. Күрөштүн жемиши. Энесинен мындай сөз чыгат деп күтпөгөн. Көрсө баалабай жүргөн окшойт. Ооба, ал киши туура айтты. Өз күрөшүнүн жемишин тере баштады. Анын бири – мына ушул жолдо өз машинасы менен баратышы. Бир кезекте чүңүрөйгөн терезеден сырт жакты жалдырап карап олтуруп, «эшикке өзүм кирип-чыга алсам эч арманым болбос эле», деп ыйлачу эмес беле. Ал кантип эсинен чыксын. Кийин ошол тилегине жетти. Ал гана эмес Москванын Кызыл Аянтын балдактары менен тыкылдатып, телемунаранын башына чыкпадыбы. Анан дагы бир тилеги бар эле. Эшек арабам болсо, ошого түшүп алып айылды араласам деген. Ага жетпесе да коляскага, анан барып майыптардын кичинекей машинасына, андан кийин бул машинага жетти. Демек, экинчи тилеги дагы аткарылды. Ал эми эмдиги, эмдиги үмүтү кандай? Эми эле энесине айткандай, чоң машина («Москвич», же «Жигули») алуубу? Жок, ал өз ниетинде бул жөнүндө тымызын ойлоп жүрсө да азыр андай тилеги жок. Азыр, тактап айтканда, кийинки эки-үч жыл бою ойлогон ою, тилеген тилеги, алга дегдеңдеткен үмүтү бирөө гана. Ал – Анара. Аны менен жүз көрүшүү. Анын жанында болуу. Анара да ушул эле ойдо, ушул эле тилекте. Экөөнүн ар бир каты ушул үмүт менен башталып, ушул үмүт менен аяктайт. Көкүрөктө жалындаган ошол үмүт Акунга барган сайын тынчтык бербей шаштырып, декилдетип келет. Жакын арада баруу керек. Бул ой аны өрөпкүтүп жиберди. Машинанын газын мыкчый кармап алды. Эңкейиш жолдо ансыз деле ылдам бараткан машина ого бетер салып уруп жөнөдү. Арт жактагы эми алдыга чыгайын деп калган машина кала берди. Спидометрдеги стрелка жүз онго жетип калыптыр. Мынчалык ылдамдыкта айдап көрө элек эле. Газды коё берди. Ылдамдык азая түштү. Алдыртадан мелтиреп олтурган энесине көз чаптырды. Эч нерсени байкабаптыр. Уулунун эмне үчүн эдиреңдеп кеткени менен кымындай да иши жок, жолго тигилет.
Ал Фрунзеге көп жылдардан бери бара элек эле. Акун ооруканада жаткан кезде эки-үч сапар барып келген. Андан бери жыйырма беш жылга жакын мезгил өтүптүр. Эми деле барайын деп ойлогон эмес. Жакында Акундун китеби чыккан. Анын чыкканына үч айдан өтүп кетиптир. Аны өзү да билбейт. Бирөөдөн капысынан угуп калып, ошол эле күнү китеп дүкөндөрүн түрө кыдырат. Баардыгы сатылып кетиптир. Анан айласы кетип, Фрунзеге жөнөмөк болот. Ушул учурда Фрунзедеги театралдык окуу жайында окуган кызы Кенже сүйлөшүүгө чакырып калды. Барса окуусун жакшы бүтүп, документин алганын, анан кайра Ленинграддагы артисттердин чоң окуусуна бул жерден экзамен берип өтүп кеткенин, жакынкы күндөрү учуп кетерин билдирди. Почтодон келип эле бүлүнүп калды. Акча-тыйынын чогултуп, аны-мунусун алып, ал да жөнөмөк болду. Автобус менен эле барууга ниеттенген Акун энесинин барам дегенинен кийин машинасын айдап чыгууга бел байлады. Буга чейин алыскы жолго чыга элек болучу. Ошентип ал азыр энеси экөө борборго бараткан.
Акун түнү бою түйшөлүп уктай албай чыкты. Аба абдан үп экен, анын үстүнө бирөөнүн үйүнө ал башынан жата албайт. Али өзү көрө элек китеби көзүнө ар түрдүү болуп элестеп чыкты. Биринчи китеп. Аны колуна алганда кандай абалда болор экен. Таңдын тез эле атышын самап жатты. Эртең менен карындашынын берген чайынан шаша-буша бир эки чыны ичти да, «Мектеп» басмасына жөнөдү. Узун залдын эки капталындагы эшиктердеги жазууну окуп баратып «Поэзия бөлүмү» деген жазуусу бар эшикке баш бакты. Кичинекей муруту бар кара киши аны ормоё карап калды.
– Саламатсызбы, кирсем болот бекен?
– Саламатчылык, кириңиз, бу жерге олтуруңуз. – Ал ордунан тура калып, отургучту жакындата коюп берди. Акун сөздү эмнеден баштарын биле албай, буйдала түштү. Өз ордуна келип олтурган тиги киши ага кайрылды:
– Сиз кандай жумуш менен келдиңиз эле, айта бериңиз.
– Сиздерден менин китебим чыгыптыр. Ошого келдим эле.
– Кандай китеп, аты эмне?
– Ыр китеп, «Өрүк гүлү» деген. – Тиги киши аны эми гана көргөндөй көңүл кое карады. Анын өткүр көз карашынан сүрдөп да кетти.
– Сиз Акунсузбу?
– Ооба.
– Жакшы, сиздин китебиңиздин чыкканына көп болбодубу. Кабарлашкан жок беле?
– Жок. Эки күн мурда угуп, баардык китеп дүкөндөрүн кыдырып, таппай калдым. Аз-аздан эле түшүптүр, сатылып кетти дешти. Анан айлам кетип, бул жакка жөнөдүм. – Акун бу кишиден ырайым күткөндөй үмүттүү карап калды. Ал столунун тартмасынан бир нерселерди издеп таппады окшойт, ага азыр келем дегендей белги берип, эшикке чыгып кетти. Бул кишини ал тааныйт эле, анын китебинен сүрөтүн көргөн, кыргыз элинин белгилүү акыны Орозбай эле. Акун кабинетте жалгыз олтурду. Жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү өзүнө угулгандай, денесин майда калтырак басып атты. Антпегенде кантсин. Өмүрүндөгү эң чоң жетишкендиги – биринчи чыккан китебин колуна кармаганы жатса. Чынында ал китеп жазып чыгарам деп ойлоду беле? Кай-да-ан, кокуй. Бул иш анын үч уктаса түшүнө кирген эмес. Газеталарга басылган ырларына эле тобо деп жүргөн. Анан Теңир аны Мурза абасына кезиктирди. Китеп чыгаруу керектигин алгач ошол кишиден угуп, көзүнө жаш кылгыра түшкөн. Ашкере адамкерчиликтүү, боорукер ал киши өзү нары чуркап, бери чуркап керектүү кагаздарынын баардыгын тең өзү даярдап жүрүп, чыгарып бербедиби. Мындан бир топ жыл мурда бир макаласында: «Дүйнөнүн уюткусун жакшы адамдар түзөт» – деп жазган. Ошол уюткуну түзгөндөрдүн бири Мурза абасы эле. Ага кандайча ыраазылык билдирерин билбей олтурду.
– Болгону жети китеп калыптыр. – Орозбай ак кагазга оролгон нерсени ачып, андан жука китепчелерди алды да, Акунга жакын келип анын колун бекем кысты:
– Алгачкы китебиңдин чыгышы менен куттуктайм, Акун. Чыгармачылыгың мындан ары дагы өркүндөй берсин. – Колундагы китерди ага сунду. Акун калтыраган колу менен аяр алып, эмне кыларын билбей кармап турду. Орозбай ийинден акырын эркелете таптап күлдү:
– Эч нерсе эмес, иним. Сенин азыркы абалыңды башыбыздан өткөргөнбүз. Биринчи китептин сүрү ошондой. Кийин көнүп кетесиң.
– Ырахмат аба, чоң ырахмат. – Мындан башка эмне дээрин билбей, китептерин колуна кармаган боюнча муундарынын калтыраганын баса албай олтурду…
Протез заводу шаардын эң четинде жайгашкан. Майыптар үчүн заказ менен атайын ортопедиялык бут кийимдерди ушул жерден даярдашат. Акун бу жерге көп келет. Анткени ал да ортопедиялык атайын бут кийим киет. Башка учурларда деле Фрунзеге келе калганда бул жерге конуп кетет. Бир четинен мында кыргыз жергесинин булуң-бурчунан майып адамдар көп келгендиктен, анын тааныштары көп эле. Келген сайын алар менен кезигишип, чер жазыша маектешип алыша турган. Айрым учурларда атайын күн белгилеп алып барышчү. Бул сапар антишке мүмкүн болбоду. Кеч курун барып калды. Үчүнчү бөлмөдөн орун беришти. Ага киргенде төрдөгү керебетте бир жигит жатыптыр. Өңү жылуу учурады. Бирок, ким экенин эстей албады.
– Кел, кандайсың, жатканы келдиңби? – Ал жигит озуна колун сунду.
– Ооба. – Акун анын колун бекем кысты.
– Бул керебет бош, ошого жата берсең болот.
Акун көрсөткөн керебетке олтуруп, терин сүрттү. Ал бул жерге автобус менен келген. Машиналар кыйма-чийме агылган бул шаардан машина айдай албайт эле. Анысын автовокзалдагы стоянкада калтырган.
– Таанышып алалы, менин атым – Асан. Караколдон болом.
– Акун. – Ал ордунан козголо берип колун сунду. Асан аны кызыга да, күлүңдөй да карады:
– Газета-журналдарга басылып жүргөн сенин чыгармаларыңбы?
– Ооба. – Акун негедир ыңгайсыздана түштү.
– Оо, жазуучу менен таанышканыма кубанычтуумун. Чыгармаларыңды көп окуп жүрөм. Көрүшпөгөнүбүз менен сени сыртыңдан жакшы тааныйм. Чыгармаларың жагат.
– Ырахмат, Асаке. Мен сени көрүптүрмүн. Эки-үч жыл мурда райсобеске барсам, сен машинаңа олтуруп атыпсың.
– Байкабаптырмын. Саруу айылынан болосуң да?
– Ооба.
– Жердеш экенбиз, ал түгүл тууган да болуп кетебиз. Мен жердиги Кытай айылынан болом. Ботинкага заказ бересиңби?
– Өткөндө эле берип кеткем. Азыр башка жумуш менен келдим.
– Аның бүтүп калса керек. Сурап көр. Мен эртең-бүрсүгүнү кетсемби деп турам, ага чейин мында келген жумушуң бүтүп калса чогуу кетели. Менин машинам бар.
– Ырахмат Асаке, мен да машина менен келгем. Жумушум деле бүттү.
– Жайынча эле жумуш беле?
– «Мектеп» басмасына келгем. Анда биринчи китебим чыгып, аны алдым.
Жамбаштап жаткан Асан ордунан баш көтөрө калды. Нары жыла берип, дубалга жөлөнө олтурду. Жүзүнөн чын дилинен кубанганы билинип, жадырай түштү. Өзү да жайдары жигит экен.
– Ырас болгон турбайбы, кут болсун. Кана, көрөлү. – Ал Акундун колун кыйлага бекем кысып турду. Акун газета менен ороп, баштыкка салып алган китебинен бирди алып чыкты. Асан аярлык менен барактап туруп, кайра сунду.
– Колтамга дечү беле, ошонуңду калтырып бер эми. Эч бир жазуучудан колтамга алып көрө элек элем.
– А мен колтамга берип көргөн эмесмин. – Акун күлүп калды. Колундагы китепке бир-эки сап жакшы каалоолорун жазды да, тигиге берди.
– Ырахмат, Акун. Биринчи китебиңдин биринчи кол тамгасын мен алып жатам. Бул өзү тарыхка кире турган окуя болуп калды окшойт. Буйруса, экинчи китебиңдин да биринчи колтамгасын өзүм алам деп ойлом.
Адамдын ким экендиги кирип-чыкканча билинет дешет эмеспи. Булар алгач кездешип жатышса да, эзелки сырдана достордой тез эле камыр-жумур болуп кетишти. Асандын өтө ачык-айрымдыгы, шайыр мүнөзү, анан чыгармачылыкка жакындыгы ого бетер жакындаштырды. Көрсө, ал дагы ыр жаза коёт экен. Комуз чертип, созолонуп ырдап жибермейи да бар экен. Таң атканча экөө кирпик кагышпай, жайма-жай маектешип чыгышты.
…Эми эле чыгып кеткен Акун кайра келди. Столуна олтуруп, ала келген газеттерин карай баштады. Арасында сүйлөшүүгө чакырган телеграмма бар экен. Анара жибериптир. Бүгүн саат үчкө белгилениптир. Жакында эле сүйлөшүшкөн. Жазган каттарына алымсынышпай, телефондон тез-тез сүйлөшүшө турган. Албетте, катка караганда көрүшпөсө да үндөрүн угуп, сүйлөшүү алда канча жакшы эмеспи.
– Э балам, жумушуң жок бекен. Үч-төрт күндөн бери эле үйдө жүрүп калдың го. Же отпускесине чыктыңбы? – Эми эле артынан кирген энеси Акунга карады.
– Жумуштан чыгып кеттим, эне.
– Э ботом, ал эмнеси? Же эмне, чоңдор менен кер-мур айтышып калдыңбы?
– Жок эне, эмнеге антмек элем. Чоңдор менен аласа-бересем жок.
– Антпесең анда алардын кыйыгына тийип, дагы бир демесин жазып жибергендирсиң да. Сени гезитке жазыптыр десе эле корко берчү болдум. Баягы министрди жазгандан бери тынчым жок. Чоңдордун укуругу узун болот, балам. Эртеби, кечпи алардын залалы тийип калышы мүмкүн. Ушунуңду жөн эле койчу, балам. Ансыз деле күнүң өтөөр. Кыбырап иштеп жүргөн жумушуңдан да ажыратышыптыр.
– Олда энекем ай, мен жазганда эле бирөөлөрдү жамандап, сындап жаза берет деп ойлойсузбу? Жазгандын да өз жол-жобосу, өз ыгы бар эмеспи. Анын үстүнө мен сын макалаларды жазбай калганым качан. Жумуштан болсо, өзүм кеттим.
– Анысын кайдан билейин, балам. Өз ыгыңа кара. Иштебесең жөн кой. Жазмаңан келген тыйын-тыпыр деле тиричилигиңе жетчүдөй экен. Айгүлүң иштеп атпайбы, балдарына да акча алат. Кудайга шүгүр, бирөөнүн колун карагыдай эмессиңер. Ынтымагыңар да жаман эмес. Жашаганыңарга он жылдын жүзү болду. Ошондон бери башка эрди-катындарча тытышып, ыркырашып-чыркырашканыңарды көрбөдүм, балам. Ушундай келинге туш кылган тагдырыңа ыраазы бол, багың бар экен. Өмүрүн узун кылсын кудайым. – Ал терезенин түбүндөгү алтыгатка олтуруп, анын бурчуна катып койгон ийигин алып ийре баштады. Акун ага көңүл коюп карап олтурду. Чачтарынын агы абдан көбөйүп, бетиндеги бырыштары катмарлана, арбый түшүптүр. Ошол бырыштардан ал өзүнүн өмүрүн, басып өткөн жолун көргөнсүп кетти.
Ооба, ал тагдырдын кыйынчылыгын, азап-тозогун жалгыз өзү тартпаптыр. Аны менен кошо энеси кыйналыптыр, азапка батыптыр. Алары бетине бырыш болуп, чачына бубак болуп түшө бериптир да. Карачы, чачында бир тал карасы калбаптыр. Муну азыр байкады. Эмне мынчалык тез карыган? Бул суроо ичин тызылдатып жиберди.
«Эх, энекем, кандай асыл жансың? Аны өзүң да билбейсиң. Ошонуңду мен да билбейм. Баалай албайм, кадырлай албайм. Кандай кайдыгерлик. Көрсө Шайлобек акын бекеринен сыздап, бекеринен боздоп жүрбөптүр да. Мен үчүн эмне деген күндөрдү, түйшүктү, мээнетти башыңдан өткөрбөдүң. Өмүр жашыңды мен алып койдум, энеке. Бу үчүн айды алып берсем аздык кылат, күндү алып берсем колуңа толбойт. Бирок, аларга сунган колум жетпейт. Антсе деле мен тирүү жанмын. Сени сыйлап, кадырлап алыш колумда. Учурда ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп жатат. Бу эми убактылуу нерсе. Алаканым кур эмес. Азырынча маңдайыма олтуруп, ысык чайымды, суу кесмемди ичип, кеп-кеңешиңди берип тур, эне. Ак май чайнап, ак олпокко олтуруучу күн келет. Буга ишенем. Эх, энеке, мени дале алсыз ойлоп, кабатырлана бересиң. Мен баягы мажүрөө балаң эмесмин. Менин жан-дүйнөмдө эмне бар экенин билбейсиң. Алардын бардыгын алдыңа жайнатып төгүп салгым келет. А бирок, анте албайм. Багың бар экен дейсиң. Мүмкүн сеники туурадыр. Чыгармачылык жагынан багым бардыр. Муну тана албайм. Ал эми үй-бүлөлүк, жубайлык бакыт жөнүндө мен башкача ойдомун. Кептин баары ошонун жоктугунда болуп жатпайбы. Айгүл экөөбүздүн ынтымагыбызга бекер суктанасың. Ал экөөбүздүн жашообуз бар менен жоктун ортосундагы өлүмсүк жашоо. Коломтодогу от үйдүн жылуулугу, үйдүн берекеси болсо – сезим адамдын адамга болгон жылуулугу, адамдын адамга болгон берекеси, куту. Бизди дал ушундан куржалак калтырыптыр тагдыр. Чындап келсе бул – жашоо эмес. Муну сен билбейсиң, эне.Бул менин өксүгүм, бул менин арманым, бул менин бактысыздыгым. Мен ушундан тажап бүттүм. Туюкка барып камалып турам эне, андан чыгууга жол таппай карайлап турам. Бирок, табышым керек. Күрөшүшүм керек. Өткөндө жакшы айттың: күрөштүн жемиши болушу керек. Жемишсиз жашоо – мен үчүн эмес». Ал улгая баштаган энесин карап, ушундай ойлордун толкунунда тунжурап, термелип олтурду.
Ийик зуу-зуу чимирилет. Анткен сайын боорундагы жип бөрсөйүп чоңоёт. Азыр мезгилдин ийиги да ушундай зуулдап жаткандыр. Анара экөөнүн сүйлөшө турган саатын жакындатууга ашыгып жаткандыр. Же такыр эле токтоп калдыбы. Ал саатын карады. Болгону тогуз жарым болуптур. Дагы алты саат убакыт бар. Оо, ага чейин качан? Ал жаңы газеталарды барактай баштады. Бир макаланы окуп келатып, таштап салды. Башкасын алды. Көңүлдү өзүнө тартып ала турган деле кызыктуу эч нерсе жок окшойт. Чогултуп туруп, нары таштап койду. Бир нерсе жазайын деген ниетте машинкасына барак салды. Бирок, оюна эч нерсе келбеди. Аны кайра чыгарып, папкага салды, машинканы ордуна коюп үстүн жапты. Столдун тиги бурчундагы Эмиль Золянын бир томдугун алып, барактарын туш келди ачты. Аягына жеткенде кайрадан шарактата баштады. Анан аны да ордуна койду.
– Көңүлүң тынч эмес, уулум. Сени эмне кыйнап жүрөт? Бир топ күндөн бери байкайм. – Энеси ийигин токтото туруп, аны ынтаасы менен карап калды. Ал жооп күтүп жатты. Акун мелтиреп олтурду. Эмне дейт? Кандай жооп табат?
– Эч нерсе эмес, эне. Жөн гана бир чоң нерсе жазайын деп, такыр баштай албай жүрөм. – Акыры ушундай жооп берип тим болду.
– Жок уулум, кеп башкада окшойт. Эненин жүрөгүн алдоо кыйын. Кийинки кезде бушайман болуп жүрөсүң. Жаныңды кыйнаган бир нерсе бар. Күбүң-шыбың сөздөр желаргыдай айыл ичин аралай баштады. Бир аялды жакшы көрөт дешет, аның алыста имиш. Күн алыс каттар келип турат деп жүрүшөт. Беш-алты күн мурда бир катты окуп, ыйлап олтурганыңды көрдүм. Ал эмне болгон аял?
– Ал – менин кол жетпес арманым, эне.
– Кой балам, асмандагыны самап, колуңдагыны учуруп жибересиң. Адам өз абалын салмактай жүрүш керек.
– Түшүндүм, эне. Ошон үчүн мен өз жашоомо алымсынбай, көрүнбөгөн өрттүн ичинде жүргөнсүймүн. Барган сайын мындай жашоого чыдамым жетпей баратат.
– Мындан жаман күндөрдү башыңдан өткөрбөдүң беле, Акун. Ошондо кантип чыдадың эле? Азыр эмне жетишпейт?
– Анда мага жеңил болучу, эне. Анткени адамда ыйдан башка, өксүктөн башка, тагдырга болгон таарынычтан башка да ыйык сезимдер бар экенин билген эмесмин. Көөдөнүм сокур болучу. Эми андай эмес. Көөдөнүм ачылган. Ошол ыйык сезимден куржалак калганын көргөн. Азыр дал ошондон бөксө, ошондон кем.
– Аныңды кайдан билейин, балам. Мүмкүн сеники туурадыр. Мүмкүн болбогон бир азезилдин кылып жатканыдыр. Толгон тозок менен куруп алган имаратыңды бүлүндүрүп алба, балам. – Ал унчукпай калды. Ийик кайрадан зуулдай баштады. Акундун ойлору да чубалжыган үштөк жипке чырмала кошо ийрилип, кошо чимирилип жаткансыды. Бир аздан кийин ага өзү, аялы, үйү, турмушу, жашоосу, бүтүндөй дүйнөсү кошулуп, көзгө илешпей чимирилип жатты. Аны токтотууга эч кандай күч, эч кандай керемет жок эле. Зуулдаган айлампанын ичинде баардыгы аралашып, чакчелекей түштү да калды. Анын ичинде күнү да, айы да, жылдызы да, көлү да, чөлү да бар болучу. Алардын бири экинчине урунуп күкүмдөнө, быркырап, кыйсыпыр түшүп жатты. Анан ошол алааматтын ичинен бир нерсе элес-булас көрүндү. Ал жылбай, бир орунда турду. Акырындык менен берилеп, жакындай берди. Анткен сайын чоңоюп, көз учундагы алааматты далдалап, кичирейтип баратты.
Канча мезгил өткөнүн ким билсин, бир оокумда баардык нерсе көрүнбөй калды. Жанагы караандын далдоосуна жашынды. Баардыгы дымый түштү. Жалгыз гана ошол калды. Караса – сүрөт. Баягыда көлдүн ортосунан чыккан сүрөт. Анаранын сүрөтү. Ал Акунга карап жылмайып, колун булгалап кирди. Колунда бир нерсе жүрөт. От окшойт. Жок. Кып-кызыл бетаарчы экен. Ал булгалаган сайын жалынга окшоп көз уялта алоолойт. Негедир ал тааныштай, бир жерден көргөндөй болуп кетти. Карегине жутулуп баратты. Ооба, тааныш экен. Бирок, аны кайдан, качан көрдү эле? Эсинде жок. Тигине, бетиндеги жазуусу да көрүнө баштады. Ал дагы тааныш. Көргөн. Сөзсүз көргөн. Бетаарчы чоңоюп, жакындап келди. Жазуусу эми даана көрүндү. Жибек жип менен саймалана жазылган. «Анарадан –Акунга». Эстеди. Өмүрүндөгү эң алгач алган асыл белек. Анара берген. Жок, бул Анара эмес, берки, ооруканадагы Анара. Бул белекти ал көп жыл мурда жоготуп жиберген. Көрсө бар турбайбы. Жоголбоптур. Бет алдында асабадай желбиреп турат. Бирок, эмне үчүн ал бул Анаранын колунда жүрөт? Ал аны кайдан алды экен? Мейли, бул маанилүү эмес. Эң негизгиси – табылды. Эми ал кайрадан өз колуна тийет. Ал колун сунду. Заматта алыстап кетти. Ал тура чуркады. Ушул учурда кулак жарган добуш чак дей түштү. Акун селт этти. Ийиктин жиби үзүлүп, чимирилип барып, столдун темир бутуна тийиптир. Ал коргошундан куюлган эле. Акундун бет алдында энесинен башка эч нерсе жок болучу…
Анын почтодон чыгып, узап кеткени качан. Бул кезде райондун борбору менен өзү жашаган айылдын ортосун туташтырган тасмадай мелтиреген чоң жолдо бараткан. Жолдун эки жээгине жыш тигилген карт теректер эки айылды бириктирип, өзүнчө бир жашыл коридор болуп көрүнөт. Көздөрү жолго тигилгени менен ой-кыялы Анарада, анын сөздөрүнөн ажырай албай келаткан. Он беш мүнөт ичинде сүйлөнгөн сөздөрдүн ичинен ошо сөз гана дале кулагына миң түрлөнүп, миң кубулуп жаңырып жатты. Болгону эки ооз гана сөз. «Кел. Күтөм. Кел. Күтөм. Кел. Күтөм». Дүйнөдө мындан башка дегеле сөз аттуу нерсе тукум курут болуп калгандай. Балким, бул жөн гана өз жүрөгүнүн бир ыргактагы дүкүлдөгөн кагышыдыр. Же жүрөгү ошол сөздүн өзүнө айланып кетти бекен? Ким билет. Неси болсо да, анын жетегинен чыга албай көлгө барды. Тыным билбес ойноок, кыялкеч толкундар да: «Кел. Күтөм. Кел. Күтөм. Кел. Күтөм» – деп жатыптыр. Анан буга чалкыган көлдүн өзү да кошулуп кетти. Жүрөк дирилдеткен бир ыргактагы ырга айланды. Тоого барды. Сыдырым желге ыргалышкан карагайлар ошону ырдап жатышыптыр. Күңгүрөнгөн тоо суусу да ырдап жатыптыр. Болгону бир гана ыр: «Кел. Күтөм. Кел. Күтөм. Кел. Күтөм…»
Түндө олтуруп баштаган макаласын Акун таң аппак атканда бүттү. Көздөрү тунарып, бүткөн бою талыкшып чыкты. Ички бөлмөгө кирип, Айгүлдү ойготту.
– Дагы таң атканча иштедиңби, – деди негедир өзүнчө нааразылана.
– Машинканын үнүн укканың жокпу? Тур, жумушуңдан кечигесиң. – Ал сөздү узарткысы келбей чыгып кетти. Чайга олтурганда Айгүл ага тигиле карады. Мостойгон боюнча:
– Түндө кеч келдиңби, – деп сурады.
– Он бирде келсем жатып алыптырсың, келгенимди сен сезген жоксуңбу?
– Сезгем.
– Анан эмне сурап жатасың? Тура калып чай берсең, эч нерсе болуп кетпейт элең го.
– Чайды убагында келип ичпейсиңби анан. Кайда, эмне кылып жүргөнүң белгисиз. Кийинки күндөрү үйгө да жолобой калдың. Эки-үч күндөп жоголуп кетесиң. Сен эми жаш бала эмессиң го.
– Абдан туура айттың, Айгүл. Кээде сенин чукугандай сөз тапкычтыгыңа таң калып кетем. Мен азыр сенин акылыңды уга турган жаш бала эмесмин. Муну жакшы эскертип койдуң, ырахмат. – Ал жарымы ичилген чайын нары жылдырып, ордунан туруп, столуна барып олтурду. Жанагы макаласын башынан кайра окуп келатып, айнып кетти. Каталары деле байкалбайт. Ортосунан бүктөп, конвертке салды.
– Кылган ишиң эле катындарга кат жазуу болуп калды го, – Айгүл аны жек көрө карады. Акун ага көңүл бөлбөй конверттин сыртына редакциянын дарегин жазды. Негедир күлкүсү келип кетти.
– Мындан башка жумуш колумдан келбесе эмне кылмак элем. – Катты чөнтөгүнө салып, тышка чыкты. Анын артынан кошо чыккан Айгүл машинага олтурмакчы болду. Мектепке чейин бирге баргысы келди окшойт. Эшикти ача берип:
Почтого, өйдө жакка барасыңбы?
– Жок, почтого, ылдый жакка барам.
– Почто өйдө жакта эмеспи.
– Менин почтом ылдый жакта. – Айгүл күч менен эшикти тарс жаап дарбазаны ачып койбой басып кетти. Машинанын ичине толуп кеткен добуш акырындык менен тарап кетти. Көз ирмемге жымжырт боло түшкөн машинанын ичинен дагы баягы ыр өз обонун баштады: «Кел. Күтөм. Кел. Күтөм. Кел. Күтөм». Айгүл мектепке жете бергенде, Акун андан өтө чыкты. Дал ошол жерде болгон күчү менен тормозду басып, кайра бурулду. Чаң ызгый түштү. Машина күбөткө кирип барып, кайра оңолду. Болушунча берилген газ моторду өкүртүп, машина сызып жөнөдү. Андан качып четке чуркап чыккан Айгүл кайра бери басып, Акун айылдан чыгып көрүнбөй калганча алайган көздөрү менен карап турду…
Акун областтык газетанын редакциясынын алдына келип токтоду. Бул газетанын баардык кызматкерлери менен жакшы тааныш эле. Анткени жазган макаларынын, чыгармаларынын көпчүлүгү ушул газетага жарыялана турган. Ал Шакендин кабинетине баш бакты. Ал жалгыз олтурган экен. Жакында эле анын көлөмдүү очерки жарыяланган. Анда Акундун тагдыр, турмуш жолунан айрым кызыктуу учурлары, чыгармачылыгы тууралуу башкача ыкмада, көркөм баяндалган. Шакен Акунду көрө коюп ордунан турду:
– Аа, Акун, кел. Кандайсың, көптөн бери көрүнбөй кет-тиң го.
– Саламатсыңбы Шакен, жүрөм. Очеркиң үчүн ыраазычылыгымды билдирейин деп эле шартым келбей атты. Чоң ырахмат, Шакен.
– Эч нерсе эмес. Өзүңө жактыбы?
– Абдан жакты, менин жан дүйнөмө кирип чыккандай бериптирсиң. Бул очеркте сен мурда басып өтпөгөн жол менен кеткенсиң, өз үнүң, өз жүзүң кашкая көрүнүп турат.
– Жакшы пикириң үчүн ырахмат, Акун. Бу сенин чыгармачылыгыңдын таасиринен улам болду окшойт. Коллегияда да ушул очерк жогору бааланды.
– Жакшы болгон экен, Шакен. Чыгармачылыгың өркүндөй берсин.
– Ырахмат. Акун, сен редакцияда иштейт белең? – Ал ага суроолуу карап калды. Акун мындайды күткөн эмес эле. Областтык газетте иштөө – ал үчүн кол жеткис нерсе го. Тигинин тамашалап, же чындап айтып жатканына түшүнө албады. Анан астырдатан сурады:
– А кандай иш экен?
– Машинка басуу. Сен өз чыгармаларыңды дайыма машинка менен басып жибересиң го. Аларды оңдобой эле ошо бойдон коё бере беребиз. Демек, иштей аласың.
– Бул жумушка мени алар бекен?
– Жүрү, шефке барып көрөлү. – Ал алдыга түшүп жөнөдү. Узун залдын орто ченинен орун алган «Редактор» деген кара жазусу бар эшикке киришти. – Азыр, мен сүйлөшүп чыгайын, олтура тур. – Ал шыпылдай басып кирип кетти. Акун бир кызыктай абалда олтурду. Кантип эле мендей майыпты ушундай чоң газетага ишке алсын. Кап, жөн эле кой деп койбой. Ушундай ойлор аны заматта төө бастыга алып жиберди. Аңгыча Шакен чыкты. Эшикти ача берип:
– Кир, – деди. Акун эшиктин алдына келип, шыр өтө албай буйдалып калды. Анан акырып басып редактордун алдындагы орунтукка олтурду.
– Акун деген жигит сен турбайсыңбы, жакшы. Сенин чыгармаларың менен жакшы таанышбыз. Шакендин очеркинен сен жөнүндө көптөгөн маалыматтарды алдык эле, эми жакындан таанышууга туура келди. Шакен сени бизде иштөөгө сунуш кылып жатат. Кандай дейсиң?
– Эгерде сиздер макул десеңиздер, иштейт элем. – Үнү ишенимсиз чыкты. Ал дале ишене албай турду.
– Машинка менен жакшы иштейт турбайсыңбы. Катасы жок басат экенсиң. Бул эң негизгиси. Материалдарыңды көрүп чыктым. Кааласаң, азыр арызыңды жазып, бүгүндөн тарта иштей берсең болот.
– Ырахмат сизге. – Акун андан нары эмне деп айтарын билбей, толкунданганынан токтоп калды.
– Ишиңе чоң ийгиликтерди каалайм. – Редактор туруп келип, анын колун бекем кысты. Анан Шакенге кайрылды:
– Машбюрого алып барып, ал жердегилер менен тааныштырып, ордун көргөзүп кой. Жазган арызын мага алып келип бер.
– Макул. – Шакен аны ээрчитип кабинеттен чыкты. Бул турмуш дегениң күтүлбөгөн нерселерден түзүлгөн окшобойбу. Болбосо ал мындан болгону беш мүнөт мурда ушул жерде иштесем деп ойлоду беле, самады беле. Албетте жок. Мына ошентип, чакылдаган жазуу баскан көп машинкалардын ичинде анын машинкасы да жарыша коюп, чакылдап иштеп кирди. Редакцияда баягы Фрунзеден таанышкан Асандын аялы Дамира да иштейт экен. Кечинде ал үйүнө ээрчитип барды. Акундун бул жерде иштеп калышы ал үчүн абдан кубанычтуу жаңылык болду. Анткени мурда бир нече жолу кезиккенинде аны бул шаарга кел, сага деле ылайыктуу жумуш табылып калат. Биз үчүн шаарда жашоо кыйла ыңгайлуу. Айрыкча сага. Чыгармачылык ишиңе бир топ түрткү болор эле. Эптеп шаарга кел, деген кеңешин берген. Көңүлүнүн түпкүрүндө бул кеңешти туура көрсө да, шаарга келип жашоо ал үчүн кол жеткис кыял сыяктуу көрүнгөн. Жашай турган же үйү жок болсо. Буга мында ким эле үй камдап күтүп турмак эле. Эми жата турган бир жай тапкан күндө деле өзүнө ылайыктуу жумуш табууга болобу? Бака-шака түшкөн чоң бейтааныш шаар эмес, өзү туулуп-өскөн айылдан жумуш бербей, берсе да тигинтип колдон келет кылып, басынтышты го. Анан бул жерден ким эле аны көтөрмөлөп, иш таап бере койсун. Өрөпкүй түшкөн көңүлүңө ушул сыяктуу ойлор шыргалаң суу бүркүп, жоошутуп койгон. Эми минтип күтүлбөгөн жерден жумуш, болгондо да областтык газетанын өзүнөн жумуш таап, орношту. Эми буйруса, үй табылып калса, биротоло шаарда жашап калгысы бардыр.
– Шаардан иш тапканың абдан жакшы болду, Акун. Айрыкча редакциянын өзүндө иштешиң сен үчүн чоң ийгилик. Чыгармачылык ишиңдин өркүндөшүнө да таасирин тийгизет. Куттуктайм. Биздикинде эле жашап тур, буйруса үй да болуп калар. Ошондо биротоло көчүп келесиң. – Асан өзүнчө барбалаңдап, кубанычын жашыра албады. Аны Дамира да коштоду. Алардын пейилдеринин кеңдигине, адамкерчиликтерине абдан ыраазы болду Акун. Бул экөөнүн тагдыры жөнүндө ал жакшы билүчү. Бир нече жолу өздөрүнөн уккан. Биресе ишене албай, биресе турмушта ушундай эрктүү, бири-бирине берилген адамдардын бар экендигине таң калган. Алардыкына караганда өзүнүн кыйынчылыгы түккө арзыбай калгандай сезилген. Ооба, чындыгында эле ал экөөнүн кол кармашып калышы өзгөчө, башкалардыкына эч бир окшобогон окуя эле. Азыр бул экөөнө карап олтуруп, ошол окуя көз алдынан кайрадан чубап өтө баштады…
Сайылган чырпыктын кандай дарак болуп өсүп чыгарын эч ким билбейт. Мүмкүн ал жипке тарткандай түптүз, же ийрейип-муйрайып өсүп, болбосо такыр куурап калар. Бул эми табийгаттын иши. Ошондой эле адамдын, айрыкча жаш жигиттин болочок тагдырын болжоп айтып, же күтүүсүз кырсыктан буйтап өтүп кете турган жолду көрсөтүп берер ким бар? Эч ким. Бул эми тагдырдын иши. Бир гана нерсе белгилүү. Ал – адам пендесинин эч кимиси ошол тагдыр деген нерсенин кыябына калып, анын кордугуна тушуккусу келбейт. Андыктан тагдыр күтүүсүз жерден, капысынан чыга калып буттан чалат. Бул жолу дал ошондой болду. Фрунзедеги атагы таш жарган чоң заводдордун биринде токарь болуп эмгектенип жүргөн Асан шартка байланыштуу айылына келди. Колхоздун тракторуна олтурду. Анда чөп чабык маалы болучу. Чөп жыйноочу кичинекей трактору менен жайдын ысык аптабында чалкып жаткан кенен талаадан чөп чогултушат. Ошондой күндөрдүн биринде эртең менен күн чыга электе талаага бараткан. Күндө эки маал өтүп жүргөн тааныш жол. Аң-дөңү деле жок. Көрсө, кырсык деген каш менен кабактын ортосунда деген кептин калети жок турбайбы.
Шыдыр бараткан трактор тиги имерилиштен оңго бурула бергенде тең салмагын жогото, бир жак капталына оодарылып кетсе болобу. Мындай болуп кетерин ким билип, ким күтүптүр. Күндө өтүп, күндө бурулуп жүргөн жол. Балким, бир аз ылдамыраак бурулуп койгондур. Бирок, анда муну териштирип олтурган жан деле болгон жок. Анын үстүнө эми анын кандай кажаты бар эле. Кулап бараткан трактордон секирип кетишке буямасы келбеди. Анын астында калды. Жерге көмкөрөсүнөн түштү. Ошол замат дал белинен зылдай жүктүн ныгыра басканын, ошо жеринин бир нерсеси кырт дей түшкөнүн, бүткүл денеси зырп эте, көздөрүнөн күңүрт чагылгандын жарк эте чагылып өткөнүн сезди. Калганы эсинде жок. Көзүн ачкан кезде Фрунзедеги оорукана жаткан. Бел омурткасы сынып, белинен ылдый эки бутунун учуна чейин эч нерсени сезбей калганын эки-үч күндөн кийин билди. Билгенде эмне, кылар айласы, колунан келер аргасы, чама-чаркы кайсы. Календардын жабылып калган барагын кайра ачып көрсөң болот. Ал эми ошол календар көрсөтүп турган күндү кайра кайтарууга болбойт эмеспи. Эми жаш жигиттин караан тутканы, карманганы жалгыз гана бүлбүлдөгөн үмүтү эле. Бирок, ал да барган сайын алыстап, жарыгы өчүп бараткан.
Сууга чөгүп бараткан адам саманга жармашат, дешет го демейде. Сууга эмес учу кыйыры көзгө илинбеген көлгө чөгө баштаган жигиттин көзүнө өзүн көздөй сүзүп келе жаткан татынакай ак кеме урунду. Ошону көздөй умтула жанталаша сүзүп жөнөдү. Ак кеме да аны көрдү. Экөө бири-бирине жакындап келе жатышты. Жок. Ал ак кеме эмес эле. Ал жаткан палатага кирип-чыгып жүргөн татынакай кыз болучу. Бу жерде анын да жакын тууганы жатып, ошого каралашып жүргөн. Ал да көлдүк, ал тургай өзү жашаган айылдан анча деле алыс эмес айылдык болот экен. Ошондуктанбы, тез эле таанышып, жакшы мамиледе болуп калышты. Фрунзедеги университеттин журналистика факультетинде окуйт экен. Колунан келгендерин аябай, керебетте сулк жаткан жигитке каралашып турду. Жанында көбүрөөк болуп, көргөн-билгендерин божурап айтып берет. Ушул эле ага канча күч, канча кубат болуп берип жатканын сезет, билет. Муну тигинин ачылып бараткан кабагынан, жылмаюунун жышаанасы көрүнө баштаган жүзүнөн байкайт.
Ооба, ал туура сезип, туура байкаган. Кыздын ага жакындашы биротоло өчөйүн деп калган үмүтүнүн отун кайра тутанта баштаган, чөгүп бараткан көлдөгү жигитке үйлөтүлгөн резинка дөңгөлөк ыргытып койгон. Эми анын колунда эки нерсе бар эле. Жанып келаткан үмүт, анан дөңгөлөк. Бул экөө тең ошо кызга – Дамирага байланыштуу болучу…
Жок. Баары бир тагдырдын башка салганын өзгөртүп, анын зыл таштай каткан жүгүн ийинден ыргытып салууга бул пенде баласынын колунан келе бербөөчү нерсе турбайбы. А болбосо күлгүн курактагы жигитти керебеттен тургузбай түбөлүккө жаткырып коюшка кайсы адамдын дити барсын. Бирок, колдон келбесе антпешке арга канча. Асанды дарылаган врачтар: «омурткасы сынып, жүлүнгө эң чоң доо кеткен. Муну айыктыруу мүмкүн эмес» – деген бүтүмгө келип, чыгарып беришкен…
Сабактан чыккан Дамира шыдыр эле жатаканадагы жашаган бөлмөсүнө келди. Мында бирге жашаган курбу кызы ыйлап олтуруптур. Көздөрү кызарып, шишип чыгыптыр. Ал чочуп кетти:
– Эмне болду сага, тынччылыкпы деги? – Сумкасын ыргытып жиберип, курбусун кучактай калды. Ал эч нерсе дебей, колундагы бир баракты сунду. Ал Асандан келиптир. Дароо столго олтура калып, окуй баштады. «Дамира, мени кечирип кой. Сенден көп нерселерди жашырып келгем. Мындан нары антүүгө кудуретим жетпей калды. Өзүмдөгү уятты, намысты, жигит деген, эркек деген бийик атты – кыскасы баардык нерсени өзүмдөн алып ыргытып туруп, сага ушул катымды, балким акыркы катымды жазып жатам. Ошондуктан муну менин өлүм алдындагы жан сырым, керээзим катары кабыл алсаң да болот. Эмне үчүн муну сага багыштадым? Карап көрсөм мен – жалгыз экемин. Айланамда ушунчалык адамдар көп. А бирок, алар мени көрүшпөйт. Себеби мен аларга керексизмин. Ошондуктан жалгызмын. Мына, бүгүн да жалгыз жатам. Үйдөгүлөрдүн баардыгы тигил бөлмөдө шатыра-шатман түшүп, жаңы жыл тосуп жатышат. Бири-бирине жакшы каалоо-тилектерин айтып жатышат. Ал эми мени куттуктап койгон бир жан жок. Туура, мени куттуктоого болбойт. Жакшы тилек каалоого болбойт. Анткени менин эртеңим – өлгөн. Билбейм, эртеңим эле эмес, өзүм деле эчак өлүп калгандырмын. Жөн гана аны али сезбей келатсам керек. Ошону сезгенимде жеңилдеп калат белем. Тирүүлүктөн өлүмдүн артыкчылыгын самап калган абалга жетүү эмне экенин пенде баласы билбей эле койсун. Үч жыл төшөктөн козголбой жатуу, тирүү туруп денеңдин чирип баратканын сезүү – мунун эмне экендигин мен сөз менен жеткирип түшүндүрө албайм. Эмне дейин. Сага эмне деп кайрылайын, эмне деп өтүнөйүн? Кээде жаткан жеримди жаңыртып: «Дамира, кагылайын Дамира, мени ушул жерден алып кетчи. Кайда алып барсаң, эмне кылсаң – мага баары бир. Иши кылып, ушул бөлмөдөн алып чыгып кетсең болду. Болбосо жок дегенде «Сай-Арыктын» нары жагына алып барып салчы» – деп кыйкыргым келет. Бирок, үнүм чыга турган көрүнбөйт. Мен үчүн дүйнөдө сен гана бар сыяктанасың. Көзүмдөн сенин гана элесиң кетпейт. Ошондуктан сага, жалгыз гана сага ишенем. Балким, бул менин акыркы өтүнүчүм, акыркы кыйкырыгымдыр. Эгерде мага карата тырмактын агындай сезимиң болсо – колуңду сунуп койчу. Ушу жерден алып кетчи мени. Алып кетчи мени…» Дамира катты көкүрөгүнө кысып алып, көз жашын төгүп олтурду. Ал аны үч жылдан бери көрө элек эле. Кат жазышып турчу. Анда ал эч нерсе жазчу эмес, баардыгы жакшы, туруп калдым дей берүчү. Көрсө, такыр башка экен да. Аргасы кеткенде агынан жарылган экен. Эмне кылуу керек?
– Алып келүү керек. – Анын көкүрөгүндөгү суроону угуп тургансыган курбусу чечкиндүү үн катты. – Ооба, антпесе болбойт. Алып келүү керек. – Дамиранын бүтүмү да ушундай болду. Экөө жолго камынып бүлүнүп калышты. Ал кезде төртүнчү курста окушчу. Жакшы санаалаш кыздары менен кеңешип көрүштү. Эч кимиси каршы болгон жок. Колдорунан келген анча-мынча акча чогултуп беришти.
Чакан айылдан эч нерсе катып, эч нерсе жашырып ката албайсың. Баардыгын билип турушат, көрүп турушат. Кыбыр эткен нерсе – шыбыр болуп, күбүр болуп желге айланат да, айыл аралап жөнөйт. Ошол жел бир күнү эле: «Фрунзеден эки кыз келип, Асанды машинага салып кетиптир. Ооруканага жаткырат экен» – деп оң тараптан согуп өтсө, «жок ой, ал деген Асандын сүйгөн кызы экен, Фрунзеге алып барып үйлөнөт имиш» – деп сол тараптан дагы бири зып этет. Аны уккан эл өз кулактарына өздөрү ишенбей деңдароо. «Мурда кыздарды жигиттер ала кача турган. Эми кыздар жигиттерди ала кача баштаган экен да. Анысы го ал болсун, үч жылдан бери төшөктөн тура албай, шору шорподой кайнаган жигитти ала качат дегени эмнеси, ботом. Ушундай да шумдук болчубу. Андай эрдик кыла турган да кыздардан тирукмуш жан жаралат экен го бул дүйнөдө. Тобо, деги бул өзү акыр замандын белгиси эмеспи» – деп элейишкендер болду. Жок, бул акыр замандын белгиси эмес болучу. Бул бийик адамкерчиликтин, ашкере боорукердиктин, жүрөктөгү эрктин белгиси эле. Муну көптөр түшүнүшпөдү. Акыл-сезимине сиңире алышпады. Өз деңгээлдерине жараша, ар кандай баалап кала беришти. Алар менен иштери эмне, кыздар ары чуркап, бери чуркап жүрүшүп, акыры Асанды ооруканага жаткырышты. Дарылоо кайра башталды. Бул дарылоого дагы бир дарылоого кошулду. Ал – Дамира менен Асандын ортосундагы сезим эле. Баарынан күчтүү дары – ушул болду. Ал жигиттин өчүп калган үмүтүн дагы бир ирет жандырды. Ошол үмүт анын тынчын алып: «Сенин жатып калышың жарабайт. Сен турууга, басууга тийишсиң. Буга милдеттүүсүң. Анткени сени Дамира аттуу керемет кыз сүйүп, сени күтүп жатат. Аны күттүрүүгө, анын сүйүүсүн соолутууга акың жок. Сенин алигиче тирүү жатканың – анын жан үрөгөн аракети. Демек, сен ага өмүрүң менен милдеттүүсүң. Ошол милдетиңдин өтөөсүнө чык. Уктуңбу, антпесең сенин адамдыгыңдын тыйынча кереги жок» – деп жатты. Күнү-түнү кулак-мээсин жей берди. Өзү да ошол үмүтүн бучкактап, этегинен мыкчып кармап алды.
Оо, анан бир күнү керемет болду. Турду! Асан турду! Кош балдак менен алгачкы кадамын шилтеди. Жок. Өткөндө биз жаңылыптырбыз. Өзүбүздү алсыз сезип кетиптирбиз. Көрсө, биз деле тагдырдын алдында өтө эле салбыраган мажүрөө эмес экенбиз. Ага деле каяша кылып, аны менен күрөшүүгө чамабыз бар экен. Кудуретибиз бар экен. Бул үчүн болгону бири-бирибизге көңүл бурушубуз, бири-бирибизге кайрымыбыз, мээримибиз, сүйүүбүз болушу керек экен. Ошондо тагдыр кыйынчылыгы, анын запкысы жалтанат экен, биздин биримдигибизге, сүйүүбүзгө туруштук бере албайт экен. Качып кетет экен. Ушуну эсибизден чыгарбайлычы, дайыма эсибизге сактайлычы…
Асан ооруканадан чыкканга чейин Дамира курбулары менен тамандары жыртылып жүрүп, батир таап коюшту. Анан аны таксиге салып, түз эле батирди көздөй жөнөштү. Ошентип, экөө үйлөнүп алышты. Дамира окуусун бүткөндөн кийин Караколго келишти. Дамира редакцияга орношту. Асан бир досунун көмөгү менен саат оңдогонду үйрөндү да, саат мастерскоюна ишке кирди. Батирден батирге көчүп жүрүштү. Мунун эмне экендигин эми айтып олтуруунун зарылдыгы жок го. Дени-карды соо, телегейи тегиз жандар үчүн мунун кандай түйшүк экени белгилүү эмес. Ал эми Асан үчүнчү? Дамира үй үчүн түн уйкусун, күн тымын таштап койду. Асанды коляскасына сүйрөп алып, кирбеген эшиги, барбаган тешиги калбады. Кудайга шүгүр, маңдай тердин акыбети кайтты. Ушул үйдү алышты. Кыздуу болушту. Мына ушундай ажайып адамдар жакындан таанышып, алардын үйүнө туш болду Акун. Ал ушундай достуу болгонуна кубанычтуу эле.
Күр-шар түшкөн чоң турмушка аралашкан Акун таптакыр башка дүйнөгө келип калгансыды. Анын үстүнө бул дүйнө өзгөчө, чыгармачыл адамдардын дүйнөсү болучу. Алар менен бир мекемеде иштөө, алар менен мамилелеш болуу ага көп нерсени бере баштаганын көп өтпөй эле сезди. Чыныгы сабакты турмуштун өзүнөн алган алда канча жемиштүү болот турбайбы. Жазуучу Горькийдин «университетине» эми түшүнүп жүрөт…
«Кымбатым Акун, газетага жумушка орношуп алганыңа бир чети кубанып, бир чети кооптонуп турам. Албетте, газеттин өзүндө иштеш сен үчүн сыймыктуу, пайдалуу. Турмуштун кайнаган чордонуна аралашкан чыгармачылыгыңа көп өбөлгө болору бышык. Бирок, мени кооптонткон нерсе – жумушуң өзүңө оордук кылбайбы, ден соолугуңа зыяны тийбес бекен? Анын үстүнө бирөөнүн үйүндө жашоо сага бир топ ыңгайсыздыктарды пайда кылат болуш керек. Мен билем, сен эрктүүсүң, көп нерсеге чыдайсың. Кыйынчылыктарга төшүңдү тосуп жүрө бересиң. Өзүңдү да карай жүр, берекем. Ден соолугуңду бузуп алба, суранам. Экөөбүздүн жүз көрүшүүбүздүн тез арада болушун Теңиримден суранып жүрөм. Ылайым ал күн экөөбүздүн шыбагабызга туш келсе экен. Жумушуң ага өз залалын тийгизип койбос бекен?» Анаранын кийинки келген катында ушундай саптар бар экен. Кандай боорукер жан. Колу жетпесе да, ою менен жетип, ал үчүн кабатырланып, ал үчүн санааркап жатышы Акундун жүрөгүн элжиретип жиберди. Канаты болсо азыр эле учуп жөнөгүсү келип кетти. Тилекке каршы, канаты жок эле. Ошонусу ырас болуптур. Анткени канат талыйт, шилтелбей, жарым жолдон далп эте түшүп калышың ыктымал. А анын башка канаты бар. Ал эч убакта талыбайт, чаалыкпайт. Анын аты – сүйүү. Ал үчүн алыстык, ар кандай тоскоолдук деген нерсе жок. Болгон күндө да жарып өтөт. Мына ошол канаты аны Анараны көздөй чакырып, аны көздөй тынымсыз умтултуп жатты.
Жок. Болчудай эмес. Мындан нары күтүүгө, кусанын кусаматында эзилип жүрө берүүгө кудурети түк жетчүдөй эмес. Өзү бул жерде болгону менен бүтүндөй жан-дүйнөсү алыста, өзүнүн асылы Анарада. Ага жолугуп, аны менен жүз көрүшүп келбесе болчудай көрүнбөйт. Тоо тараптан элкин соккон айдарым шамалды эмне менен токтотууга болот? Эми ошо сыңары анын баягы өлөрман өжөрлүгү кармады. Андай кезде ага алдынан эч бир тоскоолдук көрүнбөй кала турган. Мына, азыр да ошондой болду. Көз учунда бир гана максат турду. Бир гана мүдөө турду. Ал – Анарага, өзүнүн өмүр бою издеп, өмүр бою бир көрүүгө зар болуп келе жаткан адамына жетүү эле. Анан күндөрдүн биринде баардык нерсесин жыйыштырып, экинчи орунга койду да, канатында күн нуру ойногон самолетко олтурду. Ал анын бардык көйгөйлөрүн аэробекетке таштап туруп, Ошту көздөй салып уруп жөнөп берди.
Канат алдында тытылган кебездей жайылган ак булуттардын учу-кыйырына жете албай көз талыйт. Бирде жайыла берип, бирде залкар тоодой түрүлө бет алдыдан торой чыгат. Бараткан багыттан адаштыргысы келгендей коюулана калат. Бир калыпта дүрүлдөгөн самолет анысын тоготуп койбойт. Көрмөксөн боло сүзө качырып аралап өтөт. Ошого ардана түшкөндөй алдыдан дагы бири, андан зору көрүнөт. Менменсине төшүн тосот. Кайда-ан. Самолеттун бир тал кылын кыйшайта албай, мыш болуп кала берет.
Акун илюминатордон чубалжыган булуттарды тунжурап карап олтурду. Күн көзү анда-мында жылт эте көрүнө калат да, кайра жок болот. Бардык тарап булуттарга чулганган. Бул учурда анын да ою ушул булуттардай чубалжып, удургуп бараткан. Булут аралаган анын бул сапары эмнеге алып барат болду экен. Алдыда аны эмне күтүп турат? Жакшылыкпы, же мобу булут сыңары колго кармалбаган, жукпаган бир маанисиз нерсеби? Балким, мунун бардыгы жеңил ойлуулук, болгону али алыстай албаган балалык кыялынын гана үлбүл эткен үзүрүдүр. Сүйүү дегени болгону ошонун бышпаган жемишидир? Жок. Ушундай да болчу беле. Бул эмне деген коркунучтуу, дөөдүрөгөн ой. Кайдан чыга калды бул каран калгырдыкы.
Ал андан алыстагысы келгендей, башын силкип алды. Самолет дале ак булуттарды аралап баратты. Тээ алыста, алды тараптан карайган бир нерселер көрүнө баштады. Тоолор экен. Жыртык булуттардын арасынан асмандын алакандай үзүктөрү да көрүнө калат. Ал тарапта күн ачык окшойт. Чын эле, бир аздан кийин күн нурлары салааланып барып, анан самолетту кучагына ала жаркытып жиберди. Ичи да жарыкка толо түштү. Булуттар артта калды. Аны менен кошо эми эле Акундун көңүлүнө көлөкө түшүрө калган ой да жете албай, кайдадыр адашып калды. Анын ордун күн нуруна жуурулушкан Анара жөнүндөгү ой ээледи. Көз алдына анын сүрөттөгү элеси тартылды. Жумшак жылмая карап турду. Төрт жылдан бери ушу. Бир калыпта ага карап турганы турган. Эми бир аздан соң сүрөтүнө эмес, өзүнө кезигет. Ак баракка жазылган сөздөрүн окубай, аны өз оозунан угат. Колун кармайт. Бул учурду канчадан бери зарыга күтүп жүргөн. Мына, ошол көксөткөн күн акыры келип жетти. Экөөнүн ортосундагы эңсөөнүн ушунчалык узак жолун канатына күн кондурган самолет улам кыскартып, алгачкы кездешүүнү тездетүүгө ашыккандай ыргагын жазбай дүрүлдөйт. Алгачкы кездешүү. Мындай учур адамдын өмүрү сымал бир гана жолу келет. Сүйүшкөн эки жүрөк үчүн анын кымбаттыгы ушунда. Асылдыгы ушунда.
Жүрөгүнөн орун алган адамынын жергесине алып келген самолет ылдыйлап барып, тилкеге конду. Жүргүнчүлөрдүн бардыгы түшүп кетишкен соң Акун козголду. Чоочун жер, чоочун эл. Негедир апкаарый самолеттун жанында бир саамга туруп калды. Анан жүргүнчүлөр агылып кетип бараткан тарапка басты. Эки көзү тиги темир кашаанын наркы жагында турушкан адамдарга кадалды. Алар ушул самолеттун жүргүнчүлөрүн күтүп турушкандар окшойт. Он, он бештей бар. Алардын арасынан Анаранын караанын издеп, заматта чабыттап чыкты. Анын дидары ага али бейтааныш болсо да, сөзсүз тааныйт. Буга бөркүндөй эле ишенет. Сүрөттөрү бар. Алар анын карегине эчак эле чөгүп кеткен. Андыктан аны миңдеген кыздардын арасынан жаземдебей тааныйт. Бирок, азыр ошол сүрөттөгү кымбаты негедир карегине илинбей атты. Турган кишилер улам бирөө менен кучакташа көрүшөт да, ээрчитип жөнөйт. Ошентип олтуруп, бир маалда ал аэропортто өзүнүн соксоюп жалгыз калганын көрдү. Бир капталы эңшериле түшкөнсүдү. Айланасындагы адамдар көзүнө көрүнбөй, ээн аралга туш болуп калгандай коңултактады. Бери чыгарда, кече күнү телеграмма жиберген. Өткөндө телефондон сүйлөшкөндө бул жерден күтүп алмак. Анан келбей калганы эмнеси? Же бир зарыл жумушу чыгып калды бекен? Балким, телеграмма колуна тийбей калгандыр? Ушул ойго сууй түшкөн шаабайын сооротуп, таксилер турган жерге келди.
Шаардын борбордук бөлүгүнө жайгашкан «Алай» мейманкасынан орун алып коюп, кайра көчөгө чыкты. Өйдө-төмөн агылган эл. Зуу-зуу эткен машиналар. Ал жашаган шаарга караганда мында элдин көптүгү дароо байкалды. Адатта чоң шаардын турмушу да чоң, кымгуут болот эмеспи. Ошол турмушка аралаша албай, окчун тарткан Акун мейманкананын алдында нары-бери басып жүрдү. Улам саатын карап коёт. Ал мезгилдин шуулдап өтүп жаткандыгын так көрсөтүүдө. Мүмкүн, кечигип аэропортко бара албай калса бул жакка келер, ушул ой алаксытат.
Бул жерден вокзалга чейин жакын эле экен. Ал жакка барып кыйма-чийме түшүп келип, кетип жатышкан автобустарды карап олтурду. Ар бир келип токтогон автобус анын өчүп бараткан үмүтүн көз ирмем аралыкка жандыра коёт да, кайра өчүрөт. Тетигинде дагы бир кичирек ак автобус бери бурулду. Акырын жылып келип Акун олтурган жерге бет маңдай токтоду. Айнегинде Анара жашаган айылдын аты жазылып турат. Жүрөгү булкуп алды. Ордунан туруп жакын келди. Жалаң эле кемпир-кесектер түштү. Киши калбай калганда шофердон сурады:
– Сиз Эшмеден келдиңизби?
– Ооба.
– Ал тараптан дагы автобус келеби?
– Жок, бул акыркысы. Бир сааттан кийин кайра жөнөйм. Сиз Эшмеге барат белеңиз?
– Жок, бирөөнү күтүп жатам.
Акун саатын карады. Бештен өтүп калыптыр. Демек, ал бүгүн келбей калды окшойт. Ындыны өчүп, шылкыя басып, вокзалдан чыгып, мейманканага келди. Бөлмөдө жылдыздуу бир жаш жигит олтуруптур. Аны менен деле сүйлөшкүсү келбеди. Бөлмө аябай ысык, үп болуп турат. Дем алуу кыйын. Кайра тышка чыкты. Жол боюнан бир стакан газдалган суу алып ичти. Ал кечээ кечинде тамак ичкен. Ошол бойдон наар алганы ушул. Бирок, курсагынын ачка экенин сезген жок. Эч нерсе жебестен жатып алды. Кирпиги катып калгансып көзү ирмелбеди. Таң атканча ар кандай ойлордун тыткынынан кутула албай чыкты. Эртең менен башы салмактанып, өзүн оор сезип турду. Мейманкананын ашканасына баратып, кайра айныды. Жүрөгүнө эч нерсе баскыдай эмес. Администратор аялдын терезесине келди:
– Мени эч ким издеген жокпу?
– Жок. А сизди ким издеши керек эле? – Жоон-жолпусунан келген аял ага кызыгуу менен карап калды.
– Бир кыз келмек.
– Жок. Эч ким келген жок сизди сурап. – Негедир анын үнү оройлоно чыгып, жүзү мисирейе түштү. Анын мынчалык бир заматта өзгөргөнүнө түшүнө албай, нары басты. Вокзалга барып, кечээки автобусту күтүп олтурду. Ал саат тогузда келди. Жок. Мында да жок. Эмкиси он экиде, анан төрттө келет. Балким, жумушунан бошоп, чыга албай жаткандыр? Ал Мады айылындагы ооруканада иштөөчү. Эки күн иштеп, үч күн бош болом дечү эмес беле. Мүмкүн кезмети ушул учурга туш келип калган болсочу? Анда эртеңке чейин күтүүгө туура келет. Жок, ага чейин чыдай алчудай көрүнбөйт. Ага жолугушу керек. Антпесе болбойт. Ошончо жерден келген ушу турган Мадыга жетпей калмак беле. Ал ордунан туруп, ошол айылга кете турган автобуска олтурду. Бир эшиктүү эски автобус экен. Ичине элди шыкап алып, калдырап-шалдырап кетип баратты. Ансыз деле үп болуп, күн ысып турган. Эми чучуктай автобустун ичи ого бетер ысып чыкты. Бир жагынан бензин жыттанып, дем алуу кыйындады. Акун олтурган терезе ачылбайт экен. Мурда эле терчил эле. Эми мончоктогонун айтпа. Чекесинен куюлган тер көздөрүнө кирип ачыштырып жатты. Андан ылдый мойнуна куюлат.
Калдыраган автобус улам бир айылга токтойт. Жол арбычудай эмес. Бирин-бири жөөлөшкөн жүргүнчүлөр. Токтогон сайын бири калып, бири түшөт. Мадынын алыс-жакыны али белгисиз. Мына кызык, түптүз жолдо кетип бараткан автобус бир маалда капталына ооп калса болобу. Антсе деле кетип баратты. Неге токтобойт, ичиндегилер эмне үчүн ызы-чуу түшүшпөйт? Эч кимиси унчукпайт. Азыр кулайт. Шофер эмнени карап баратат, токтотпойбу. Акун үнүнүн жетишинче кыйкыргысы, автобусту токтоткусу келди. Бирок, негедир үнү чыкпай койду. Антсе деле өз кыялында: «Токто! Автобусту токтотуп койгулачы. Азыр кулайт. Ой, эмне мелтиреп олтурасыңар? Кулап баратканыбызды сезбей атасыңарбы? Же эмне, баарыңар жаныңардан аша кечкен жансыңарбы? А менин өлгүм келбейт. Жанымдан тоё элекмин. Өлүүгө эч тийиш эмесмин. Мени күтүп жатат. Мен мында автобустан кулаганы эмес, өз сүйгөнүмө кезиккени келгем. Ага сөзсүз жолугушум керек. Адамдар, айланайын адамдар! Мени жолдон калтырбагылачы. Сүйгөнүмө бараткан жолумду тоспогулачы. Ушул күндү өмүр бою эңсеп, өмүр бою самап, өмүр бою күтүп келе жаткам. Эми жетеримде автобус кулап баратат. Кантип ушундай болсун. Деги, бул тагдыр дегениңдин адилеттиги барбы? Болсо – кайда? Түнөргөн асманымдан жарык жылдыздын үзүрүн улам көрсөтүп коюп эле, кайра өчүрө береби? Бул эмне деген келекеси, эмне деген шылдыңы? Жок, бул жолу анте албайсың, тагдыр. Дайыма эле жеңиш сен тарапта болбойт. Бул өзү адилеттик эмес. Мага дайындап койгон кырсыгыңды токтот. Жок дегенде бир жолу. Көксөп жүргөн, көксөп келген асылыма бир жолугуп алайын. Андан кийинкисине ыраазымын. Анара, мен сага баратам. А сен неге келбей койдуң? Же мага кезиккиң келбедиби? Мени менен катар баскандан уялдыңбы? Балким, сүйгөнүң деле жалгандыр? Анда эмне үчүн башында айтпадың? Же сен дагы бир келекелеп алайын дедиңби? Шылдыңдап алайын дедиңби? Андай болсо ошо оюң аткарылды. Бооруң эзилгенче күлүп ал. Жок. Мен жаңылып жатам. Сен эч убакта антпейсиң. Андай иш сенин колуңдан келбестигин эң сонун билем. Сен мени сүйөсүң. Бул дүйнөдө мендей пендени бир гана жан сүйөт. Ал – сенсиң, Анара. Сен жөнүндө калпыс ойлоп алганымды кечирип койчу. Мындан ары кайталанбайт. Сага баратам, кымбатым. Азыр жетем. Неге автобус кыйшайып баратат? Азыр кулайт. Токто! Токто!» – деп кыйкырып баратты.
Жанында олтурган жигит аны ийнинен акырын жөлөдү. Көрсө автобус жантайбай эле, Акун өзү бир капталына ооп баратыптыр. Көңүлү караңгылап, башы айланып жатты. Тиги жигит жөлөбөгөндө кулап түшмөк. Алдындагы туура темирди эки колдоп бекем кармады. Көл-шал түшүп тердеп атты. Көйнөгү чылпылдап чыкты.
– Үкөм, кыйналып баратасыңбы, жүзүң купкуу болуп чыкты, – деди катарындагы орунтукта олтурган орто жаштагы болук аял.
– Эч нерсе эмес, көңүлүм караңгылап кетти. Азыр жакшы болуп калам. Мадыга чейин дагы алыспы?
– Жакын калдык, сен Мадыга барасыңбы?
– Ооба. Жеткенде айтып койсоңуз. Мен бул тарапка биринчи сапар келатам.
– Макул. Алыстан келатасыңбы?
– Көлдөн, Караколдон. – Ал чекесиндеги терин суу болгон жүзаарчысы менен сүрттү. Башы айланып, кускусу келди. Темирди бекемирээк кармап, эки колуна башын жөлөдү. Көзү караңгылап, автобустун ичиндегилер үрүл-бүрүлдөп жакшы көрүнбөй жатты. Жыгылып калбасам экен, жыгылып калбасам экен деп, тынымсыз кайталап баратты. Жанагы аял бир маалда:
– Мадынын кай жерине бармак элең, – деп сурады.
– Ооруканасына, – деп араң жооп берди Акун.
– Анда центрден түшүп калсаң болот. Жеткенде айтып коём.
– Ырахмат. – Ал аял айткан жерден түшүп калды. Көңүлү дале караңгылап, буттары чалыштайт. Четтен карап турган бирөө болсо мас деп ойлоору бышык. Минтип баса алгыдай эмес. Бир-эки ирет жыгылып барып оңолду. Жакын ортодо кишилер деле көрүнбөйт. Олтуруп эс ала турган да жер жок экен. Ал бет маңдайдагы кичинекей бастырмага кирди. Наркы бөлмөдөн шыпылдаган жаш бала чыкты. Бул жер ашкана сыяктуу жай экен. Жылуу, даамдуу тамактын жыты бур этти. Ошондо эстеди. Бардык ой-санаасын Анара ээлеп, ага кезигем деп декилдеп жүрүп, Ошко келгенден бери оозуна наар ала элек болучу. Кечиндеги бир стакан газдалган сууну эсепке албаганда, үч күн бою тамак ичпептир. Эми ичип, бир кыйла олтурган соң башынын айланганы басылып, көңүлү ачыла түштү. Денесине кубат киргенсиди.
Оорукана төрт-беш көчө төмөн тарапта экен. Короосуна кирип өтүп бараткан бир келинден Анараны сурады. Анын айтуусу боюнча ал мындан үч күн мурда отпускага чыгыптыр. Садырбай айылындагы жашаган батирине кетиптир. Ал айылдын дарек-дайнын сурамжылап алып, кайра тартты.
Бир беттүү айылдын ортосундагы аялдамадан түшүп калган Акун кай тарапка басарын билбей, сааамга туруп калды. Тоо тарапты көздөй кетчү жолдун жээгиндеги туурасынан жаткан узун теректе үч киши кобурашып олтурушуптур. Ошолорду көздөй басты. Өздөрү тарапка келаткан чоочун жигитти үчөө тең кызыга карап калышты.
– Саломалейкумдар!
– Алекумассалом. – Үчөө тең жарыша алик алышты. Ал сөздү эмнеден баштасам экен дегендей туруп калды. Тигилердин арасынан бирөө озунуп:
– Жол болсун, иним, – деди.
– Ушул айылда Анара деген келин жашайт. Ошону издеп жүрдүм эле.
– Ал окуган келинби же иштеген келинби? – Чокчо саал арык киши бүшүркөй сурады.
– Мадынын ооруканасында иштейт. Өзү Эшмелик болот.
– Абды аканын кызы эмеспи, – деп сурады баятадан бери унчукпай олтурган кара киши.
– Ошол. – Акун жогун тапкандай жандана түштү.
– Ал кызды тааныйм. Бирок, ал бул айылда турбайт. Эшменин өзүндө жашайт. Жумушуна автобус менен эле каттап турса керек.
– Эшмеге кандай барсам болот? – Акундун көңүлү чөгө түштү.
– Кайра Ошко түшсөң автовокзалдан Эшменин автобусу кетет. Ошого олтурсаң болот.
– Өзүң кайдан келген баласың, уулум. – Четте олтурган карыя сурап калды.
– Көлдөн.
– Алыстан келипсиң. Убара болгонуңду карачы.
– Эч нерсе эмес. Болуптур эмесе, жакшы калыңыздар.
Акун эми эле автобустан түшкөн аялдамага бет алды. Ушул учурда бери бир жүк тарткан машина бурулуп калды. Олтурган үч кишинин бирөө тура калды.
– Токтой турчу, уулум. Мобул Эшменин машинасы боло турган эле. Сурап көрөйүн. Балким, ала кетер.
– Акбар экен, бул жигит ошол кыздын таекелеринен болот. Жеткирип коёт, – деди дагы бирөө ордунан козголуп. Биринчи турган киши машинаны токтотту. Шофер менен бир азга сүйлөшүп туруп, анан Акунга кайрылды:
– Жеткирип коёюн дейт, кел олтур. Эшигинин алдынан түшүрүп коёт.
– Чоң ырахмат, аба. Жакшы калыңыз.
Кум төшөлгөн жол кыйла өр экен, машина күчүркөнө дүрүлдөп, анча бийик эмес адырларды беттеп баратты. Жолдон кол көтөргөн эки-үч кишини алды. Чоң, кагыраган таштуу сайды жээктеп жүрүп олтуруп, чачкын үйлөр жайгашкан чакан айылдын кире беришиндеги дөбөдөгү үйдүн жанына токтоду. Дөңгөлөктүн алдында шаркырап суу агып жатты. Анара жашаган үй ушул окшойт. «Баса, бул шофер менин Анараны издеп жүргөнүмдү кайдан билет? Мен ага эч нерсе айтканым жок го. Балким, жанагы кишилер айткан чыгар?» – деп ойлогонго үлгүрдүАкун. Тигил дөбө тарапта бир кемпир көң үйүп жаткан экен. Колдору менен белин жаза берип, бери басты.
– Жакшысызбы, эже? Күүлүү-күчтүүтурасызбы?
– Кудайга шүгүр, айланайын.
– Эже, Анара үйдөбү?
– Жок, эки күндөн бери эле Ошко түшүп кетип атат. Көл тараптан бирөө келген имиш.
– Ошол киши бул жакка келатыптыр, жолдон мен салып келдим.
Кемпир машинанын бул тарабына өттү. Бирок, суу шаркырап агып жаткандыктан кабинага жакындай албады. Акун эшикти ачып:
– Жакшысызбы, апа, – деди.
– Жакшы, кудайга шүгүр, айланайын. Сен – Акунсуңбу?
– Ооба, апа.
– Жакшы жүрөсүңбү, уулум? Сени келет эле деп кечээтен бери Ошко түшөт. Кечээ эртең менен барып, сени таппай келиптир. Бүгүн да эрте кеткен. Келип калаар маалы болуп калды. Түш, айланайын. Үйдөн күт. – Кемпир кык болгон колдорун кага, белдемчисин оңдоп байлады.
– Ырахмат, апа. Мен кайра Ошко кетишим керек. Анара келип калса айтып койсоңуз. Мен Оштон, «Алай» мейманканасынын алдынан күтөйүн. Жакшы калыңыз, апа.
– Үйдө эле туруп турсаң болмок, уулум. Жакында келип калат эле. – Ал үйгө кирип табакка нан, бал, сары май салып чыкты. – Жок дегенде нан ооз тийип кет. – Анан машинанын наркы тарабына өтүп, шоферго кайрылды:
– Акбар, бул баланы Садырбайдын жолуна түшүрүп кой, айлайын. Автобусунан кечигип калбасын. Кап, бул жакта эле калса болмок.
– Кам санабаң, эже. Орто жолго таштамак белем. Өзүм салып жиберем.
Бул түнү деле тыңгылыктуу уктай алган жок. Бирок, Эшмеге барып, Анаранын апасына кезигип келгенине, ал кишинин жакшы мамиле кылганына кубанып калды. Көңүл чөгөргөн ар кандай ойлор алыстай түштү. Көрсө, Анара деле жөн жүрбөптүр да. Эки күндөн бери кезиге албай, беймаза болуп жүргөн экен. Мейманканадан кандайча көрүшпөй калды экен? Эмнеси болсо да, бүгүн кезигет болушубуз керек деген ойдо Акун эртең менен эртерек чыгып, мейманкананын алдында аркы-терки басып жүрдү. Буттары талыганда жол жээгиндеги темир кашаанын кырына олтурат. Көз айрыбай караганы – вокзал тарап. Анараны ошол жактан келет деген ниетте. Вокзалга барып келсемби деп ойлоп, кайра айныды. Мүмкүн ал башка тараптан келип калса, дагы кезикпей калабы. Ушул ой бул жерден алыстатпай кармап атты.
Бүгүн да күн ысык болчудай. Бул жер бүтүндөй калың бактын саясына көмүлүп турат. Антсе деле али көтөрүлө элек күндүн аптабы чеке нымшытып сезиле баштады. Көйнөгүнүн жакасын чечип койгон Акун, темир кашаага жөлөнүп, заңгыраган чоң жолдон өйдө-төмөн кубалашкан машиналарды бир карап, вокзал жактан келаткан адамдарды бир карап турган. Негедир бир маалда кудум бирөө чакырып жаткандай, арка жагын жалт карады. Меймакананын кире бериш тепкичинин жанында көпөлөктүн канатындай жупжука, көк көйнөк кийген, бир өрүм олоң чачын аркасына таштап койгон жылаңбаш, тал чыбыктай солкулдаган арык, шыңга бойлуу кыз өзүн карап туруптур. Акун дароо тааныды. Жүрөгү азоо тайдай туйлап кетти. Негедир өзүнүн алсырай түшкөнүн сезди. Муундары калтырап чыкты. Колдору темирге карыша калыптыр. Ал акырын чыгарып, анысын билгизбеске тырышып, түз эле аны беттеди. Ал да бери басып, ага жакындады. Бул – Анара болучу!
Дайыма ушундай: эзели өз күчүнөн кайтпастай долулана кычыраган кыш кези келгенде шайманы кетип, уяң кыздай үлбүрөп келе жаткан көктөмгө ордун берет да, арка жагын кылчак-кылчак карап узай берет. Ал эми кеч күздө сарбаригин күбүп, кымбатынан ажырагандай томсоргон дарак жадыраган жазда кайрадан жашылга оронуп, ак жайдын сөөлөтүнө чөмүлө кулпуруп чыгат. Бул – мезгилдин айлампасындагы туруктуу ыргагынан бузулбаган эреже. Табийгат аттуу түбөлүктүү карыянын мыйзамы. А тагдыр – адам тагдыры такыр андай эмес. Анын жадыраган жазынан ызгаардуу кышы арбын. Ошол жаздын мээримине бир жылына албай, кыштын, тагдыр кышынын ызгаарына кайыгып, кайып келген жалгыз өмүрүн сая кетирип алгандар канча. Андай бечаралардын соңунан бараткандарчы. Жашырганда эмне, алардын жоон ортосунда Акун да бар болучу. Муну өзү да мойнуна алат. Ал ошо ызгаарга кайыгып жүрүп, жедеп көнүп бүткөндөй деле болгон. Аны тоготпой, ага көнүмүшүндөй, ал гана эмес маңдайына жазылган жакынындай сезип, ансыз бир нерсесинен кемип, бөксөрүп кала тургансып көрүнүп да кетүчү. Бирок да, пенде дегениңдин табияты эч нерсеге көнбөй турган өзүнчө бир көкбет нерсе турбайбы. Ал дайыма жакшылыкка, тагдыр жазы деген ажайыпка тынымсыз умтула берет экен. Ошого жетүүгө жол издей берет экен. Муну Акун өз жонтериси менен билет. Басып келе жаткан өмүр жолу, кечирип келе жат-кан күнүушуну данистелеп турат.
Ооба, аны тагдыр өзгөлөрдүкүнөн айрымаланган өзгөчө бир жолго салып койгон. Түзүнөн – дабаны арбын, жазынан – кычыраган кышы көп. Ошол жолдо канча адашып, канча бир көз мелжиген дабандарда кайыкпады дейсиң. Ошентип жүрүп, куурап калган дарактар менен катар эле жазгы баарда мөмө байлап, жемиш бергендерин деле тапты. Алардан терип алып, таңдайга татыган даамын татты. Чаңкоосун балдай таттуу ширесине кандырды. Ак жайдын аптабында саясына жан сергитти. Бороондо баш калкалады. Бирок, баары бир булар ага жетишсиз эле. Жан-дүйнөсү дале бөксө, дале кемтик эле. Мына ушу анын жашоосун акырындык менен какыраган чөлгө айландырып, ичтен соолутуп бараткан. Ушундай кезде Анаранын биринчи катын алды. Бул анын тагдыр жолундагы жаздын алгачкы жышаанасы эле. Ал акырындык менен жүрүп олтуруп, кызгалдагы жайнаган жадыраган жазга айланды. Ал жөнөкөй жаз эмес эле. Ал Акундун жүрөгүнөн биротоло түнөк тапкан сүйүүнүн жазы болучу. Ошол жаздын гүлдөрүнүн ачылганына төрт жылга айланган. Бул мезгилдин ичинде мына ошо керемет гүлдөрдү өстүргөн асылзат жанга жолуга албай, санаасын сарбариктей сапырылтып, кусанын зилине белчесинен батып, бушайман бир жашоодо ушаланып, же бар болбой, же жок болбой келе жаткан. Эми ошол керемет жандын жанына дүкүлдөгөн жүрөгүн тынчыта албай басып келди.
– Саламатсыңбы, Акун? Келишиң менен. – Анара батына бербеген кейип менен колун сунду.
– Саламатчылык, Анара. Кандайсың?
– Жакшы, кудайга шүгүр. Эки күн күттүргөнүм үчүн кечирип койчу, Акун. Администратор сен жөнүндө эч нерсе айтпай койду. Эки мейманкананын ортосунда жүрдүм. Бул жерде эркекти издеген аялды жаман көрүшөт.
– Эч нерсе эмес, Анарка. Сени өмүр бою күтүп келгем. Эми деле ошончо күтүүгө даярмын. – Акун анын жупжумшак, жылуу колун кыйлага чейин кармап, кое бербей турду. Анаранын жалжылдаган сүйкүмдүү көздөрүнөн бактыга туна жылмайып турган өзүнүн элесин көрдү. Ошол көздөрдүн түпкүрүнө биротоло чөгүп кетүүнү эңсегендей тура берди. Анан экөө ээрчише басып, мейманкананын наркы жагына өтүштү. Мажүрүм талдардын салбыраган саясында көчө жээктеп жай баратышты. Мындайда оюңа оңчулуктуу сөз келбей калат тура. Баягы барактарга батпаган сөздөрдүн бири жок. Балким, бул алгачкы кездешүүнүн сүрүдүр.
Ар бир жердин өз сыймыгы, өз ыйыгы, өз көркү болот. Көл өрөөнүн көгүлтүр көлсүз, Таласты Манастын күмбөзү менен кең токоюсуз, Ош аймагын Сулайман тоосуз элестетүү мүмкүн эмес. Бул тоонун дайнын Акун эчактан бери билет. Газета-журналдардан сүрөтүн далай көргөн. Бирок, ага качандыр бир кезде барып, топурагына бутумду тийгизем деп эч ойлобогон. Мына, насип буйруп эми анын этегине келди. Машина тээ жогору, жолдун имерилген жерине дейре жеткирип коюп, кайра тартты. Андан нары тепкич менен жогору чыгышып, үңкүрдүн ичине киришти. Ортороок ченинде жогору чыга турган, бир гана киши баскыдай, кууш темир тепкич бар экен. Бир кыйла тик орнотулуптур. Бут кое турган таманына алакандай эле ичке темир төшөлүп коюлган экен. Эки тарабында темир кармагычтары да бар. Мындай тепкичтен мурда ал өмүрүндө чыгып көрө элек болучу. Ал эми азыр чыга аламбы, чыга албаймбы деп ойлонуп олтурбады. Шыдыр жөнөдү. Анын жогору чыгууга ниеттенгенин билген Анара айнытууга батына албай артынан акмалады. Тигинде турган бейтааныш бир жигит басып келди:
– Тепкич өтө бийик, чыга алар бекенсиз, кандай жардам берсем, – деди. Ал Акундан кыйла кичүү көрүндү. Кичи пейил бул жигитке ичи жылый түштү.
– Ырахмат иним. Тепкич кууш, тик экен. Мени кармай албайсың го. Өзүм аракет кылып көрөйүн. Жыгылсам – жер көтөрөт. – Акун күлүп койду. Анара колунан кармай калды:
– Анда чыкпай эле коелучу, Акун.
– О жыгылбаңыз, биердин бардыгы темир, бетон. – Жигит да кабатырлана түштү. – Бийиктен жыгылып кетсеңиз эмне болосуз?
– Кабатырланба, иним. Коркпо, Анарка, мен ошончолук эле мажүрөө жан болбосом керек. Ушунча жерге келип алып, анан Сулайман тоосуна чыгып, бир тооп кылбай кетсем болбос. Анын үстүнө азыр жанымда периштем бар. Анын колдоосу менен чыга алам. Чыгууга тийишмин. – Ал Анарага жылмая карап койду да, тепкичке бут койду. Анын таманы кыйла ичке болгондуктан балдактарды аярлап коюп, эки жагындагы кармагычтарды бекем кармап, күч менен чыга баштады. Тиги жигит арка жагынан жөнөдү. Коркунучтуу тепкичтин биринчи, бешинчи, онунчу баскычы артта калды. Жок. Чыга алат экен. Бекер эле жүрөксүнүптүр. Балким, чынында эле периштеси – жанындагы сүйгөнүнөн көрүнбөгөн кубат келип жаткандыр. Ооба, эгерде өзү жалгыз болгонунда жакындабайт эле. Эми ал ишенимдүүжөнөдү. Жер бир топ төмөн жакта калды. Алдыда дагы канча бар экени белгисиз. Жарык тээ алыстан көрүнөт. Тепкич чынында да бийик эле. Барган сайын чекесинен мончоктогон тер бет ылдый куюлуп жатты. Алынын кетип баратканын да сезе баштады. Бирок, кайра тарткысы келбеди. Негизи, ал жарым жолдон артка бурулганды жердигинен жаман көрө турган. Эми Анарасы жанында баратканда алсыз экенин көрсөтүп алчудай намыстанды. Эрдин бекем тиштенди. Бир баскычтан соң экинчисин акырындык менен, кыйындык менен артка калтырып, илгерилей берди. Алдыдагы жарык жакындап келатты. Эми бир аз чыдаса жетет. Күч менен көтөрүлүп жаткандыктан, эки колтугуна күч келип, балдагы өйкөп колдору чымырап чыкты. Бир аздан кийин күч бербей кала турган.
Жогорулаган сайын улам жарык болуп, чыгуучу жер жакындап келатты. Он-он беш тепкич калды окшойт. Демиккенин баса жогору карады. Ооба, аз калыптыр. Ал тараптан көз уялткан жарык чыгып турат. Ал негедир аны көздөй суу сыяктанып агылып жаткансып кетти. Мындай көрүнүш ага тааныш сезилип кетти. Муну бир жерден көргөн. Бирок, кайдан? Качан? Дал ушунун өзү болбосо да буга абдан окшош эле. Кайдан көрдү эле? Аа, эстеди. Муну ал «Сүйүү храмынан» көргөн. Андан бери канча мезгил өтпөдү. Бирок, баардыгы эсинде. Бир жолу түш көргөн. Ошол түшүндө Анара экөө бирге жүрүптүр. Анда жүз көрүшө элек. Ошондуктанбы, негедир анын өңү даана көрүнбөй, күңүрттөнүп атты. Дагы бир кызыгы: ал балдаксыз басып жүрүптүр. Анысы эсинде да жок. Жетелешип алып, бир жакка баратышты. Кандайдыр ээн жер экен. Анан тээ бет алдыдан бир чоң караан көрүндү. Ошону беттеп баратышты. Жакындаган сайын бийиктеп, чоңоёт. Асман мелжиген тоого окшойт. Көлөкөсү жолго түшүп турат. Аны тебелеп, экөө кол кармаша чуркап баратышты. Негедир денелеринин салмактары сезилбейт. Кудум калдыркан көпөлөктөй.
Калыбынан жазбай чуркай беришти. Жок. Бул тоо эмес экен. Заңгырата салынган храм экен. Улам жакындап келатышты. Мына, бет маңдайы даана көрүндү. Укмуштай кооздолуптур. Көздүн жоосун алат. «Бул Афиныдагы Парфенон турбайбы». Бул ой Акунду селт эттирип алды. Алар бул жакка кайдан келип калышкан? Бирок, анын жообуна баш оорутуп олтурбады. Ага чамасы жок эле. Көзүн албай баратты. Бир кызык жери – Парфенон бүтүн эле. Кечээ эле курулуп бүткөндөй. Орто жериндеги чоң эшиктен көз уялткан жарык чыгып турат. Ал негедир суу сыяктанып, Акундар тарапка агылып жатат. Экөөнү каптап кетчүдөй сезилет. А экөө андан сестенишкен жок. Түз эле көз тайгылткан ошол жарыкты беттеп баратышты. Кайдан-жайдандыр бир катуу үн чыкты. Акун туш-тарабын элеңдей карады. Бирок, эч нерсе көрө албады. «Сүйүү храмы. Сүйүү храмы». Жанагы үн ушул эки сөздү улам кайталайт. Ал күндүн күркүрөгөнүндөй добуш менен кулакка жаңырып жатты. Ага карабай экөө дале декилдешет. Жарык агылып жаткан эшиктин түбүнө келишти. Бир маалда эшик ачылып кетти. Көзгө сайса көрүнгүс түн ичинде эбегейсиз күчтүү чагылган бет алдыдан жарк эткенсиди. Ага туна түшкөн көздөрү эч нерсе көрбөй калды. Экөө жарыкка чөгүп кетишти. Ушул учурда ал ойгонуп кетти. Үйүндө жатканына адеп ишене албай турду. Анан «Сүйүү храмына» кире албай калганына аябай өкүндү. Андан бери эки жыл чамалуу мезгил өттү. Эмдигиче ошол өкүнүчүнөн толук арыла арыла элек болучу.
Жогору жактагы жарыкты көрүп, азыр ошол түшүн эстеди. «Түшүмдө кире албай калган Сүйүү храмына өңүмдө кирем». Көкүрөгүнө тык эткен бул ой ага жага түштү. Алсырап бараткан денеси чыйрала кайраттанып кетти. Баягы кадимки өжөрлүгү кармады. Эрдин кесе тиштеди. Акыркы тепкичти артка таштаганда бүт мууну титиреп, колдору чымырап эч нерсе сезбей калган. Жыгылып кетпөөнүн аракетинде олтургучка акырын жетип, көчүк басты. Мончоктогон терин Анара өзүнүн жүзаарчысы менен сүрттү. Шаар алаканга салгандай көрүнүп турду. Алыска көз чаптырып олтурган Акун «Мына, акыры Сүйүү храмына кирдим» – деп канагаттануу, кубануу менен ойлоп койду. Муну сезип тургандай, Анара анын колун сылай кармады. Акун ага ичи жылып, суктанып карап олтурду.
– Абдан чарчадың окшойт, Акун.
– Бул – бактылуу чарчоо, Анарка.
– Жетер-жеткенче жыгылып кетпесе экен деп кудайдан тилеп аттым.
– Ырахмат Анара. Кезегинде көп жыгылдым. Ошон үчүн тагдырыма наалыган күндөрүм көп болгон. Көрсө жаңылып жүрүптүрмүн. А бүгүн ага аябай ыраазымын. Анымды кантип билдиреримди билбей олтурам. – Акун дале жан дүйнөсүндөгү толкундан ажырай элек эле. Анара сүйкүмдүү карап, жылмая сурады:
– Эмнеге?
– Өзүнүн бир кереметине туш кылганына.
– Кандай керемет?
– Ошко келип, ыйык тоонун башына чыгып, сенин жаныңда колуңду кармап олтурушум керемет эмес бекен? Жок. Бул деген кереметтин керемети.
– Анда андайдан мени да куру калтырган эмес экен. Андыктан ага болгон ыраазылыгыбызды экөөлөп билдирели.
– Ооба Анара, миң жолу билдирсек да аздык кылат. Ал ошол керемет деген нерсени кээде адамдарга берип коёт. Кээде аны тагдырдан, турмуштан күтүп олтурбай эле өз колубуз менен жасап алууга да туура келет. Бирок, өзүбүз ошого ишене албайбыз.
– А сен дагы аны жасаш колумдан келбейт деп ойлодуң беле? – Ал Акунга жароокер карады.
– Сенсиз кайдан келмек. Эх, Анарка, ушул күндү кандай гана күткөнүмдү билген болсоң. Мен азыр түшүндүм. Бакыт деген нерсени таптакыр башка жактан издеп, темселеп жүргөн турбаймбы. Көрсө, ал мында, сүйгөн адамымдын жаныңда экен. Муну эмне үчүн мурда билбедим экен, эмне үчүн бул күндү ушунча кечиктирдим экен?
– Өкүнбө Акун. Ар нерсенин өз мерчеми, өз удулу бар эмеспи.
– Ооба. Бирок, ошол удул келип жеткенче менин саамайымда канча ак чач пайда болду. Кирпик ирмелбеген канчалаган түндөр, санаага басырылган канчалаган күндөр өтүп кетпеди дейсиң.
– Түшүнөм, Акун. Жазган каттарың жан-дүйнөңдүн имаратындай сезилет. Мен анын ар бир бөлмөсүн аралап чыгып, түшүнгөм. Мага деле жеңил болгон жок. Турмуш деген кетмен менен түздөп, чаап алган жол эмес экен. Андыктан күтпөгөн, ойлобогон жерден чалынып, мүдүрүлөт экенсиң. Бирок, чапкан сайын көз чыга бермек беле. Өкүнбөйлү. Эми эле тагдырыбызга ыраазылыгыбызды билдирбедик беле.
– Аның туура, Анара. Мен ага нааразы эмесмин. Бактысыз адамдар гана өз тагдырына нааразы болушат. Караңгысыз жарыктын кадырын билиш кыйын. Анын сыңарындай ал күндөр ушул учурубуздун кымбаттыгын сезимге кыт сыңары чөктүрүп кетти.
– Шамалда өскөн дарактын түбүөтө бекем болот эмеспи, Акун.
– Жакшы айттың, Анарка. Бирок, ошол дарак дайыма эле шамалга төшүн тосуп тургусу келбейт экен. Анткени акырындык менен ийиле берет экен. Жашоонун кызыгы бөксөрөт экен. Андыктан жоогазындын кулпурган жытын сиңирген жылуу сыдырымды эңсейт экен. Жадыраган жазды эңсейт экен. Анын мээримин эңсейт экен. Менин жазым сен болдуң, Анарка. – Акун анын колун аярлап кыса кармады. Төмөн жакта шаар жайылып көрүнөт. Наркы этеги ак мунарыкка аралаша барып, көздөн жашынат. Бул жерден Акун өзүн асманга жакын тургандай, колун созсо жетчүдөй сезди. Ушул сезим көкүрөгүндөгү баардык көйгөйлөрүн, жездей саргайып салмактанткан кусамат ойлорун кайдадыр тээ алыска кубалап салгансыды. Көңүлүнө кош канат бүттү. Анара экөө үңкүрдүн ичинде ачылган музейди кыдырып көрүп чыгышты. Башкача бир дүйнөнү аралагандай болду.
– Японияда бир ыйык тоо бар. – Акун ойлуу сүйлөдү.
– Фудзиямабы?
– Ооба. Япондор аны абдан ыйык санашат. Ар жылдын кайсы бир мезгилинде адамдар анын чокусуна чыгып алышып, басып өткөн өмүр жолдоруна саресеп салышат. Кандай жакшылык кылды, кандай жаманчылыкка барды, кандай күнөөлөр кетирди – мына ушулардын баардыгын өз ыйманы, өз абийири алдында электен өткөрүшөт. Адам башка бирөөдөн бир нерсесин жашырып кала алат. Ал эми өзүнөн өзү кантип жашырат? Эң оор нерсе ушул. Ошентип олтуруп, өзүн адамдардын алдында, кудайдын алдында күнөөлүүмүн, мындан нары жашоого татыксызмын деп сезсе – көз мелжиген бийиктиктен учуп кетишет. Балким, бул ошол күнөөдөн арылуунун, түшүп калган туңгуюктан чыгуунун жалгыз жолу эместир. Адам өзүнүн жалгыз өмүрүн кыюу менен эч нерсеге жете албайт. Болгону мажүрөөлүгүн көрсөтөт. Мага жакканы – ошол адамдардын эң ыйык жерге барып алып, жан-дүйнөсүн кайрадан сыдыргыга сала аралап чыгып, жаза баскан өз айыбын сезе билүүсү. Өзүнө-өзү баа бериши. Анан ошого жараша өзүн-өзү соттогону.
– Мындай жолго көрүнгөн эле адам бара албайт болсо керек. Себеби биз баарыбыз эле өзүбүздү периштедей сезет эмеспизби.
– Туура. Башкаларды билбейм, ал эми сенин периште экениңе бөркүмдөй ишенем.
– Койсоң эми.
– Жок Анара, чын сөзүм. Биз да азыр өз Фудзиямабызда олтурабыз. Биздикине караганда япондордун ыйык тоосу шоона эшпей калат.
– Сенин эмне айтарыңды түшүнүп турам. Ар кимдин өз жери Мисир эмеспи. Сулайман тоосу чынында Фудзиямадан эч кем эмес. Анткени Азрети пайгамбардын буту тийген жер дүйнөдө анча деле көп эмес го.
– Ошондуктан мында айтылган ар бир сөз жүрөктүн дал толтосунан чыгышы керек.
– Оо, анда абайлаш керек экен. – Анара наздана күлүп койду.
– Сүйүүсү бар жүрөктөргө анын кажаты деле жок, Анарка.
– Тамаша кылам, Акун. Кечирип койчу. Өзүң айткандай сүйүүсү бар жүрөктөн эч нерсени жашырып болбойт эмеспи. Ошол экөөнүн табышканына мен жетине албай отурам. – Ал колундагы жүзаарчысы менен Акундун бетиндеги терин дагы сүрттү. Акун үңкүрдүн сыртты караган четине басып келди. Темир решеткага жөлөнүп, шаарга көз чаптырды. Асфальт бетинен ысык аптаптын мелмилдеп чыгып жатканы байкалат. Тээ төмөн жактан каршы-терши түшкөн көчөлөрдөн кыйма-чийме өткөн машиналардын, адамдардын сереңдеген карааны көзгө үрүл-бүрүл чалдыгат. Асман чаңкайып турат. Төмөн жакка караганда бул жер бир кыйла салкындык кылат экен.
– Фудзияманы бекеринен эскергеним жок, Анарка. Сага келеримде миң түйшөлүп, миң алекеттен өттүм. Өз дүйнөмдөгү Фудзияманын чокусуна чыккандай болдум. Эми ошо эки тоонун туу чокусунда олтуруп, сага сыр сандыктай ачылгым келет. Ырас, кат алышкан төрт жылдын аралыгында бири-бирибизди жакшы эле билгендей болдук. Бирок, кат деген – кат да.
– Аны жүз барак толтура жазганча бир саат бирге жүргөн алда канча жакшы эмеспи. – Анара аны коштоп койду.
– Албетте. Антсе деле ошол каттар ортобуздагы көпүрө болуп, жан адамга билдирбеген сырыбызды нары-бери өткөрүп турду. Аларга да ырахмат. Аларсыз биз бул жерде жанашып олтурбайт элек. Ушуга жеттик. Ишенсең Анарка, азыр мен сенин жаныңда олтурганыма ишене албай да кетип жатам.
– Бул чындык, Акун. Сага түшүнүп турам, анткени өзүм да ошондой абалдамын. Узак күтүүдөн адам түңүлүп калат окшобойбу. Эки-үч жылдан бери кезигели, жүз көрүшөлү деп эңсеп, бирок, ал мүдөөбүз улам ташка тие берип мокоп бүткөн экен. Сени адеп көргөндө өз көзүмө ишене албай кеттим. Чынында сени бул жакка келе албайт го деп ойлогом.
– Жок Анара, сен үчүн жердин түбүнө чейин да бармакмын. Бул көтөрө чалып айтылган сөз эмес. Айланаңда адамдар ушунчалык көп. А сен – жалгызсың. Себеби жүрөгүңдө сезим жок, сүйүү жок. Бош. Мына ушул боштукта жашоо кандай азап экендигин сөз менен жеткирүү кыйын. Эзүүсүнө чыдабай, кээде жок болуп кеткиң келет. Ким билет, эгерде сени таппаганымда эмдигиче…
– Койчу Акун, жамандыктын жүзүн нары кылсынчы. – Ал башын Акундун ийнине акырын жөлөдү. Үнүдирилдеп кетти. Акун чачынан сылады.
– Кызыгынан ажыраган жашоодон өткөн оор нерсе жок. Кудайга шүгүр, тагдыр сени таап берди. Жүрөгүмдө эчак эле өчүп калган сезимимди, сүйүүмдү кайра жандырды. Жашоом көктөмдөгү кызгалдагы ачылган кыраңдай көрктөнө, шаңдана түштү.
– Бирок, сенин үй-бүлөң, балдарың бар эмеспи. Алар ошол кызгалдактуу кыраңга айланып бере алышпадыбы?
– Жүрөгүң сүйбөгөн аял менен жашоо – аптапта тамчы суусуз өскөн гүлдүн өзүндөй, Анара. Ошон үчүн мен жалгызмын. Мурда эки уулум үчүн гана мойнунан байланган иттей жашап жүрдүм. Эми ага чыдамым жетпей калды. Жүрөгүмдөгү сага болгон сүйүүм ошол азаптан, жалгыздыктан сууруп чыгып, алдыңа алып келип олтурат, Анара. Мен баардыгына кайыл болуп сага келдим. Өмүр. Ал экөө эмес. Кечигип калсаң айланып олтуруп, кайра келе турган каттамдагы автобус эмес. Сапары да чексиз, узак эмес. Ошондуктан аны көкүрөктүн боштугуна, жан-дүйнөнүн жалгыздыгына багынтып койгум келбейт. Ага кудуретим жетчүдөй эмес. Көз ирмем болсо да сүйгөн адамымдын жанында болгум келет. Өмүр мага сени сүйүү үчүн гана берилгендир. Балким, мен жашоого ошол үчүн гана келгендирмин. Эң негизги вазийпам ушудур. Сенин мага болгон сезимиңди билем, Анара. Кээде таң калам. Мендей адамды да сүйгөн асылжан чыгат экен бул дүйнөдө. Бул өтө сейрек кездешүүчү керемет.
– Жок Акун, сен жаңылышасың. Мен сенин сырткы келбетиңди эмес, жан дүйнөңдүн кенендигин, назиктигин, асылдыгын сүйдүм. Адамкерчилигиңди сүйдүм. Кош балдагың көзүмө эч көрүнбөйт. Жүрөк адам кандай болсо дал ошондой сүйөт. Саябалуу дарактын арасындагы куурап калган бир бутагы көзгө чалынбайт. Сен мен үчүн дал ошо дараксың, Акун. Андыктан мындан нары мындай сөзүңдү уккум келбейт.
– Ыраазымын, Анарка. Ыраазымын. Чыныгы сүйүү үчүн тоскоолдук болбойт дешет. Мүмкүн мунун деле бир чындыгы бардыр. Бирок, экөөбүздүн алдыбызда оңой эмес тоскоолдуктар, кыйынчылыктар турганын билем. Эгерде сен алардан коркпосоң – колумду сага сундум, Анарка. Аны какпасыңды өтүнөм. Мындан ары сенсиз жашоо мүмкүн эмес көрүнөт, Анарка.
– Бирок, аялың бар да. Ал эмне болот?
– Ар кимдин өз жолу, көрө турган өз күнү бар.
– Бирөөнүн көз жашына, убалына калып, өз бактыбызды кура алабызбы, Акун?
– Бакыт үчүн, сүйүү үчүн эч нерсеге карабай, тайсалдабай күрөшүү керек. Болбосо экөөбүздүн республиканын эки бурчунда жатып алып, кат аркылуу сүйүшкөнүбүз түккө арзыбаган нерсе.
– Түшүнөм, Акун. Жалгыздык деген эмне экендигин мен да жакшы билем. Апам, эже-сиңдилерим, инилерим бар. Сен айткандай алардын өз жолу, өз тиричилиги бар экен. Ошондуктан сенин эмне ойлоп, жан-дүйнөңдө эмнелер болуп жатканы менен алардын иштери эмне. Карааныңды көрсөтүп басып жүрсөң болду. Баса, мен аларга нааразы болуп жаткан жокмун. Жөн гана ар бирибизин өз жолубуз, өз тагдырыбыз бар экен. А аны болжоп болбойт тура. Экөөбүздүн тагдырыбыз окшош. Түштүктө кыздардын тагдырын көбүнчө ата-энелери чечип коет. Меники да ошондой болду. Көңүлүмө толбогон, мурда көрүп-тааныбаган жигитке туш болдум. Ал деле мага көңүл кош экен. Аял алыш керек гана болгон экен. Кылган мамилесинин, же бир сүйлөгөн сөзүнүн жылуусу жок. Кичине бир нерсе болсо оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Ал тургай кол көтөрүп, денеме так салганы канча. Тиричилик кылайын, үй-бүлөмдү багайын деген ниети жок. Баардык түйшүк менин мойнумда. Анысы жерге кирсин дечи, кичинемден эмгекке бышкан жаным ага деле чыдадым. Бирок, адам кадырын билбес, жан-дүйнөңдү түшүнбөс андай киши менен жашоо деген тирүүнүн тозогу экен. Жашап кетейин, биринчи аттап кирген босогомду кайра аттап чыгып кетпейин деп, эрдимди кырча тиштеп, коломтонун чогун өчүрбөскө тырышып жүрдүм. Жаныңды жанга сабаганың менен, баары бир майнап чыкпады. Менин ал аракетим ага тескери түшүнүк берди, ою пас адамдын акыл-эси да пас болот турбайбы. Ниетинде бул менден коркот, ошон үчүн кыңк этпейт деп жүрдү. Жети айча эптеп чыдадым да, апамдыкына кетип калдым.
– Аркаңдан кайрылып келбедиби?
– Келди. Келгенде эмне, өзгөрүп, жакшы адам болуп кетти дейсиңби. Адам көңүлүн гүлгө бекер жеринен салыштырышпайт эмеспи. Солуп калган гүл кайра өсчү беле. Жүзүн көргүм келбеди. Бир ооз сөзүн укпадым. Карарып алганыма көзү жеткенден кийин жолобой калды. Ичимдеги бала өлүү төрөлдү. Көңүлүң чаппаган адам менен жашоонун жемиши окшойт. Өзүм нары барып эле, бери келдим. Анан атам кайтыш болду. Турмуштан жолу болбой, атанын төрүндө олтурган кыз үчүн бул өзүнчө бир сокку экен. Анын салмагынан көпкө чейин арыла албадым. Же бир түзүгүрөк жумушум жок. Эл көзүнө көрүнгөндөн корунасың. Турмуш босогосун аттап чыгып эле, мүдүрүлүп алган соң жалкып калат экенсиң. Жигит аттуунун баардыгы мурдагы жолдошумдай көрүнө берүчү болду. Кыскасы, көңүлгө толгону кезикпеди. Же эрден жок, же баладан жок кокоюп басып калганды пендесине бербесин, теңирим. Жалгыздыктын дүйнөсүндө жабыркап, жашоо деген нерсенин кызыгынан да алыстап жүргөн күндөрдүн биринде колума жаштардын газетасы тийип калды. Барактап олтурсам, сен жөнүндө чоң макала бар экен. Бир нече жолу окуп чыктым. Сенин эркиң, сенин кайратың мени эсиме келтирип койгонсуду. Адашып жүргөндө чыйыр жолдун нугу көзгө уруна түшкөнсүдү. Олтуруп эле кат жазып кирсем болобу. Ошол нук акыры көңүлүмдүн бөксөсүн толтура турган адамга алып барарын анда билген эмесмин.
Ал терең улутуна унчукпай калды. Анын ар бир сөзү Акундун көңүлүнө кыттай уюп жатты. Жазган каттарынан мурда эле турмуш-жагдайы менен жакшы тааныш болучу. Эми бет маңдай олтуруп, өз оозунан укканга такыр башкача сезилип кетти. Анаранын ачыла элек сырын биринчи жолу билгендей, аны аяп, боору ооруп кетти. Бооруна бекем кыскысы келди, бирок ага батынбады. Өз ою менен алектенип, тунжурап олтурду. Ортодо негедир кулак-мурун кескендей тынчтык өкүм сүрдү.
Алар олтурган тарапка бир нече кишинин келиши токтоп калган мезгилди ордунан козгоп жибергенсиди. Алар үңкүрдүн тыяк-быягын көрүштү да, нары басып кетишти. Жанагы Акунду арка жагынан акмалап келген жигит музейдин наркы жагынан буларга акырын көз кырын салып коюп, кайра тартты. Ал көрүнбөй калганынан кетип калса керек деп ойлогон Акун.
– Адамдын турмушунда кээде эч ким күтпөгөн бурулуш учурлар болот. Биз ошого келип калдык окшойт, Анара. Мындай нерсе өмүрдө бир гана ирет болушу мүмкүн. – Акун ага суроолуу карады. Анара ойго туна тунжурап олтурду. Кыйладан кийин башын көтөрүп, Акунга олуттуу карады. Көздөрү коймолжуп, кандайдыр бир салмактуу ойдун кучагынан чыга албай турганы байкалды.
– Акун, түшүнүп турам. Экөөбүздү тагдыр бир гана ирет табыштырды. Балким, бул экөөбүздүн бир келген бактыбыздыр. Экинчи кайталанбас. Бирок, ошол бакыт бирөөнүн шорунун үстүнө курулуп калбас бекен. Ырас, ар ким өз бактысы, өз сүйүүсү үчүн күрөшүүгө тийиш. Ошондой ырыскыдан мен деле куру калгым келбейт. Бир жолку турмушум оңунан чыкпай калган соң, жалкып калат экенсиң. Көңүлүңө төп келген адамга кезикмейинче, кайрадан турмуш куруу деген нерсени унутуп койгом. Эми ошондой кымбат адамымды таап алып, кайра жоготуп алгым келбейт. Бул менин ымандай сырым, Акун. Мен элдин өйдө-төмөн сөздөрүнөн, ар кандай кыйынчылыктардан коркпойм. Мени токтотуп турганы – сени бараткан жолуңдан буруп, үй-бүлөңдү бузуп алуу болуп турат. Эмне үчүн мынчалык кеч кезиктик, Акун? – Ал кайрадан унчукпай, ойго туна олтуруп калды. Акун да кыжаалат, тумандаган ойдун кучагынан бошоно албай олтурду. Сансыз кылымдардын сырын чөгөргөн ушул ыйык тоонун бул сырдуу да, сүрдүү да көрүнгөн үңкүрүндө тунжураган тынчтык кайрадан өкүм сүрдү. Бир кезде Акун Анаранын ийнинен акырын, аяр кучактады:
– Анара, мына азыр өзүбүздүн Фудзиямабыздын ичинде олтурабыз. Мен өз турмушума жеңил ойлуу караганымдан же эссиздигимден ушундай кадамга барып жаткан жокмун. Үй-бүлөмдүн кулап калганы качан. Мен анын көлөкөсүндө гана, Карфагендей урандыларында гана жашап жүрөм. Бу кантип жашоо болсун. Мен жашоонун өзүндө жашагым келет. Өз сүйгөнүм менен жашагым келет. Же менин андайга адамдык укугум жокпу?..
Демейде ордунда катып калгандай сезиле бере турган мезгилдин мындайда ич тызылдаткан учкулдугуна эмне бересиң. Айрыкча канчадан бери жүрөк эңсеп, бир көрүшкө зар болуп келген асыл адамыңдын жанында жүргөн бир күнүң бир мүнөттөй эле зуу коет турбайбы. Нары-бери караганча он күн салаадан чубурган кумдай умсундуруп, чаңкоону кандырбаган бир тамчы мөлтүр суу болуп мөлт эте таамп кетти. Бул анын өмүрүндөгү сезимине терең чөгүп кеткен жаркын күндөр болучу. Көрсө, турмуштун узак жолунда жылдарга тете күндөр болот тура. Ошолор гана жашоонун – жашоо экендигин адам сезимине жеткире айгинелеп коет экен. Анын татымын таңдайыңа сиңирип коет экен. Булутсуз шаңкайган ачык асманда сызган самолетто ал ушул сезимдин жагымдуу кучагынан чыга албай бара жатты…
Тамчыдан таш тешилет. Акун эми ошол тамчы сыңары алдындагы тоскоолдуктарды жарып өтүүгө чечкиндуу эле. Бу жакка келери менен Дамиранын көмөгү менен шаардын чет жакасынан батир тапты. Ээси каза болуп, кароосуз калган эң эски там экен. Ушуга шүгүр кылды. Айылга барып анча-мынча оокат-кечесин алып келди. Суроолуу карашкан үй-бүлөсүнө бирөөнүн үйүндө жашоо кыйын экендигин кыйытып гана жөн болду. Ишке чыгуу керектигин айтып жөнөп кетти. Эртеси Асан досу Ошко узатып койду. Арадан беш-алты күн өтүп, Анара экөө анын үйүнө таксиден түшүштү.
Акундун Айгүл менен ажырашпай туруп, анын үстүнө аял алып алышы ал жашаган айылына ачык күндө чарт эткен чагылгандай эле угулду. Анын бул кылыгына бир туугандарынын да адеп эси кете делдейе түшүштү. Айылдаштарынын көпчүлүгү ишене алышкан да жок. Айрымдары ошол жарым жан жигиттин ушундай кадамга бара алары акылдарына сыйбай, ооздору ачыла аңкайышты. Эки кишинин башы кошулган жерде ал жөнүндөгү уу-дуу сөздөр. Андайда бирге экиси, экиге төртү кошулат эмеспи. Ошончо чоң айылда ал гана аял кетирип, ал гана аял алгандай, мындай адаттан тыш нерсени, жолдо калган жорукту ал гана баштап олтургандай таңдайын такылдатышты. Таң калып, тарс жыгылганы канча. Жок. Адатта шар аккан дарыяны күрөк менен тосууга мүмкүн эмес го. Анысы кандай шамалдай сөздөр, ар кандай тоскоолдуктар турмуштун татаал жолуна жаңыдан кадам таштаган бул эки адамды токтото алган жок. Алар ошол жолдо өр таяна алга карай ишенимдүү бет алышты…

* * *

Убакыттын учкулдугун кара. Антип-минткенче сегиз күн өтүп кетти. Кечээ күнү айылдагыларды чакырып жетилик деген ырасмисин өткөрүштү. Ага-тууган, ини-карындаштары жанынан алыстабай, айланчыктап жүрүшкөндөрүменен жүрөгүндөгү жара дале сыздап, андагы урап калган мунаранын ордунда муздак шамал ойноп турганы сезилет. Эми ал аны өмүр бою коштоп жүрөт окшойт. Сүлүк курттай ичтен мүлжүгөн, билинбеген ызгаарына кантип чыдаар экен. Чыдабаска аргасы барбы. Ошол ызгаардын коштоосунда бүгүн шаарга кетиши керек. Тиричиликтин өз жолу, өз мыйзамы бар. Андан четтеп кетүүгө болбойт экен. Көзгө сайса көрнгүс коюу түндүн артынан дүйнө жаркыткан күн келет. Ичер сууң түгөнмөйүнчө анын нурун төбөңө куюлтуп, жылуулугуна ырахаттан. Ошого ыраазы бол, ошого кубан. Бараткан сапарыңды улант. Ал али узак. Антпесең болбойт. Тирүүлүк деген ушу. Колуңдан капыс учурган кушту эми таппайсың. Ордун эч кандай арга менен толтура албайсың. Кабыргаңды майыштырган кайгыга алдырба, өксүккө башыңды салып мөгдүрөбө. Эч убакта үмүтүңдөн кол жууба. Ошондо сен тирүүсүң. Ошондо сен жашоодон түңүлбөйсүң.
Акунду кандайдыр бир ички шыбыш ушинтип чыйралтып, кайраттандырып жатты. Бул ал үчүн көлгө чөгүп баратканында жел толтурулган баллонду ыргытып жибергендей болду. Ага чап жармашкансыды. Бирок, аны толугу менен көтөрө албайт эле. Антсе деле…
Ал чаташкан ойлордон тажап кетти. Ордунан турду. Али эрте эле. Түндө кеч жатышкан иниси менен келини төркү бөлмөдө уктап жатышат. Бир нече күндөн бери жандары тынбай басып жүрүшүп, абдан чарчашса керек. Ушунча күндөн берки түйшүктү көтөрүш оңойбу. Эс алышсын. Ниетинде ушуну ойлогон Акун акырын тышка чыкты. Асманда ала-телек булуттар калкыйт. Күн көзү көрүнө элек. Уйкудан эми чукуруна ойгонгон сөөлөттүү тоолордун артынан агыш шоокум булуттарга жармашат. Ошол булуттарды беттеп олтуруп, Акун бейитке келди. Мурдагы күнкү олтурган жерине келип олтурду. Бет маңдайында Анаранын жаткан жайы мостоёт. Бүгүн анын кете турганын билгендей, бир башкача бозоруп, ошого кайгы тартып, ошого ичтен түтөп жаткансыйт. Бул көрүнүш Акундун каңырыгын түтөтүп жиберди. Бир өксүп алды. Анан көзүнөн куюла берген жашын сүрттү. Куранды билбесе да, ниетинде окуган болуп бата кылды.
Ала-була жыртылган булуттардын арасынан күн нуру шыкаалап, сырын ичине каткан таш эстеликтерге үзүл-кесил тийип качат. Эби-сыны жок көлөкөлөр бейит ичинде сүйрөлүп, жүрөктү бир болк эткизип алат. Демейде күндө безелене сайраган торгой үнү негедир бүгүн угулбайт. Таңкы сыдырым желаргынын мелүүн эпкини бак баштарын акырын шуулдатканы болбосо, айлана сүрдүү жымжырттыктын кучагында көшүлөт.
Чыгыш тараптагы тоо башында барган сайын булуттар улам коюланып, бирде көрүнүп, бирде жашына калып жаткан күн көзүн биротоло жашырып калды. Ушуну эле күтүп жаткандай, бозүйдүн түндүгүнө окшогон Ит-Тиши тоосу тараптан желаргынын дыр эткен эпкини жете келди. Акун олтурган жердеги бактын шуулдагы күчөй түштү. Шыбактар аркы-терки ыргалып киришти. Бактын шуудуру эмелеки дүлөй тынчтыкты бул чөлкөмдөн сүрүп чыкты. Бул доошко канаттуулардын чырылдаганы кошулду. Жакын эле жерден чегирткенин үнү чыкты. Эми айлана кандайдыр бир жандана түшкөнсүдү. Антсе деле анын көкүрөгүндөгү басылбаган бир муңдун сыздаган күүсүнөн, жалгыздыктын жан ооруткан санаасынан анча алыстата алган жок. Ошол күү кайдадыр алыстагы чоң дайранын бир ыргактагы күүлдөгүнө окшоп, кулагына жаңыра берди. Анан ал акырындык менен жакындап келгендей, билинбей олтуруп, аны өзүнө сиңирип кеткендей болду. Ооба, ал көрүнбөгөн дайранын доошу чыккан тарапка мелмилдеп жай аккан суу сымал жылып баратты…
Жумуштан чыккан Акун, түз эле борбордук ооруканага жөнөдү. Анда Анара иштөөчү. Эртерээк барып алыптыр, иштин аяктаарына дагы жарым саат бар экен. Ашыгып атып өзү эрте чыкканын эми билди. Анын үстүнө газеттин бүгүнкү санына бир бетке чукул көлөмдү ээлеген новелласы чыккан. Аны Анарага көрсөтүүгө ашыкты. Бир четинен аны тез эле көргүсү келди. Сагына түшкөнүн сезди. Колунан келсе жанынан жарым карыш алыстагысы жок. Бирок, турмуш дегениң өз билгенин кылат эмеспи. Эртең менен күн чыга электе туруп, чайын ичишет да, жолго чыгышат. Экөө чакан калаанын туш тарабында иштешет. Акун Анараны жеткирип коюп, андан ары редакцияны көздөй жөнөйт. Жумуш ордуна олтурар замат эле маңдайындагы кызыл телефон азгыра баштайт. Ал көзүнө бир башкача көрүнүп, бардык ой-кыялын ээлеп алат. Анан колу өзүнөн-өзү сунулуп, көңүлүнө бекем орноп алган номерлерди терет. Анара бош болуп калса сүйлөшүп олтура бергиси келет. Бирок, ал көпчүлүк учурда бошобойт. Өзү деле бул жерге ойноп олтуруу үчүн келбейт эмеспи. Иштеш керек. Кээде иштеп отурганда деле алагды болуп, көз алдынан Анара кетпей туруп алат. Ою салып-уруп аны көздөй жөнөп берет. Мындайда алдындагы кагаздын бети толбой, анда-мында бир сап түшүп, анысы да улам чийиле берет. Акыры батала болгон барак ушаланып барып босогодогу ак желим чакага ыргыйт. Катарындагы столдо олтурган Сыртбай аны көзүнүн кыйыгы менен карайт да, байкамаксан болуп коёт. Балким, ал анын ишинен майнап чыкпай атканын башкача түшүнүп, башкага жоруп жүргөндүр. Баса, ал мурункудай машинка баспайт. Аны эчак таштаган. Азыр ал газетанын котормочусу.
Ал саатын карады. Дагы жыйырма мүнөт бар экен. Машинадан түшүп, ооруканага киргиси келди. Ушул учурда башкы корпус тараптан келе жаткан Анна Петровна аны көрүп бери бурулду. Колунда кандайдыр бир дары-дармектер салынган кутуча бар экен.
– Саламатсызбы, Анна Петровна, – Акун ага озунуп салам берди.
– Саламатчылык, Акун. Жакшы жүрөсүңбү, бийкечиңе келдиңби?
– Кудайга шүгүр, Анна Петровна. Анараны ала кетейин деп кайрылып калдым. Кечке чейин жаны тынбай жүрүп чарчаса керек. Оорукана чоң эмеспи. Оорулуулар биринин артынан бири келишет.
– А сен өзүң чарчабайсыңбы, Акун?
– Эми чарчайм деңизчи. Антсе деле биздин иш жеңилирээк эмеспи, Петровна. Жылуу кабинеттен чыкпай, олтуруп алып иштейбиз.
– Сени редакцияда иштейт деп уккам, ал жакта эмне кыласың?
– Чыгармачылык иш менен алектенем, Петровна. Макала жазам. Орус тилинен котором.
– Жакшы экен. Бирок, акыл эмгеги менен иштөө жеңил деле эмес болсо керек. Мен өзүм жазбасам да сезем. Андыктан өзүңдү кыйнай бербе. Көп-көп эс ал. Ал эми бийкечиң анча чарчабайт, кыйнап жибере турган жумуш деле эмес. Аялдарды ашкере эркелетпеш керек. Жаздыкты таптай берсең үлпүлдөк болуп каларын унутпа, Акун.
– Мен аны эркелетип жыргатканым жок, Анна Петровна. Жөн гана биз шаардын чет жакасындагы айылда жашайбыз да. Ошончо жолду жөө басып келиш кыйын.
– Кезегинде мен Ак-Суудан жөө келип иштеп, кечинде темселеп жөө кетчүмүн.
– Өкүнүчтүү, Петровна. Эгерде машинаңыздар болсо сиз да жөө жүрмөк эмессиз. Күйөөңүз кантип эле ошончо жолго жөө жиберип коймок.
– Эх, Акун, жигиттердин баары сендей боорукер болсо кана. Кой, бабырай бербей бийкечиңди чакырып коеюн. Анын да терезеден көзү өтүп эле, сен келчү тарапты карай берет. – Ал кирип кетти. Көп узабай Анара чыкты. Апакай халат, апакай чепчик кийип алганга Акундун көзүнө алда немедей көрүнүп кетти. Ичи элжирей түшкөнүн сезди. Кучактап бооруна кысып, өпкүсү келди.
– Келдиңби Акун. Ишиң кандай болду, чарчаган жоксуңбу? Кыйналбадыңбы?
– Жок Анарка, бардыгы өз жайында. Өзүң кандай иштедиң?
– Жакшы. Эмне эрте келип алдың?
– Жумушуң бүтө элекпи?
– Жарым саатча убакыт бар. Күтө турасыңбы, же үйгө барып эс аласыңбы? Мен жөө деле кете берем.
– Койсоңчу Анарка, сени таштап кетип калмак белем. Бүтүндөй төрт жыл бою күтүп жүрүп, араң жеттим го сага. Эми жарым саат кеп бекен. Иштей бер. Баса, бул сага. – Ал жанынан бир газетаны алып ага сунду. Анара тез барактап, Акундун новелласын тез эле тапты. Жүзү албырып, кубанып кеткенин даана сезди Акун.
– Куттуктайм Акун. – Ал эңкейип Акунду оозунан өптү. Акун аны өзүнө тартып кучагына кысты. Жанынан алыстаткысы келбей турду.
– Сагындым сени, Анарка. – Акун анын кулагына акырын шыбырады. Ал жагымдуу, наздана жылмайды.
– Көрүшпөгөнүбүзгө беш саатка жете элек го.
– А мен үчүн беш күн, беш жума өтүп кеткенсиди. Сагынычтан самандай саргайып кете жаздадым.
– Койсоң эми.
– Чын айтам, Анарка. Бир үйдөн түтүн булатып, бирге жашап жатканыбызга эки айга чукулдады. Бирок, билсең, мен дале сага жеткениме чындап ишене албай кетем. Мунун бардыгы түшүмдө болуп жаткандай, анан кокусунан ойгонуп кетсем такыр башка дүйнөдө, сен жок дүйнөдө болуп калчудай коркуп кетем.
– Кыялкечим, андан коркпо. Себеби биз өз түшүбүздү турмуштун өзүнө айландырып алганбыз.
– Жакшы айттың, Анарка. Акындын аялына эми окшодуң. – Ал күлө карап, Анараны өзүнө тарта, кучактап өптү. Ал ооруканага чуркап кирип кетти. Дале жаш кездеги кыялы кала элек. Акун аны карап жылмайып койду. Капысынан: «Түшүбүздү айландырып турмушка, жолго түштүк баяны узун бир нуска», деген ыр саптарына окшогон ой көңүлүнө уруна түштү. Буга дагы эки сап кошуп койгондо өзүнчө бир ыр болуп калат эле. Бирок, уланбай койду. Негедир сезиминде «бир нуска» деген эки сөз жабышып калгансып, улам кайталана берди. Бир нуска. Бир нуска. Кызык, бул эмнеси? Неге бул сөз мээсине балка менен урулуп жаткансыйт? Мунун кандай күчү, кандай касиети бар? Балким, өз турмуш жолуна дал келип калгандыгынан уламдыр? Баса, ал чынында эле нускалуу жолго түштүбү? Деги, ал тандап алган жолду, ал таштаган ушул кадамды туура, нускалуу деп айтууга болобу? Он жыл бою анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп бирге жашап, оорун колдон, жеңилин жерден алып, бакандай болгон үч уул (анын эң кичүүсү чарчап калган) төрөп берген аялды таштап кетүү, Алмаз менен Максаттын көз жаштарын көлдөтүп, наристелердин тагдырына балта чаап, тирүүлөй жетим кылуу жакшыбы? Ушуну нускалуу жол деп айтууга адам чыгабы? Ким билет…
Ырас, ал көптөн бери көксөп келген сүйгөнүнө жетти. Бу үчүн бактысы башынан ылдый төгүлгөнүнө бөркүндөй ишенет. Колу жеткистей сезилген мындай бакытка туш кылган тагдырына ал миң мертебе ыраазы. Чынында Анарага жетип, аны менен бир үйдөн түтүн булатып жашап калам деген ой үч уктаса түшүнө кирбеген. Жүрөгүн жалындатып, күнү-түнү тынчын алып түйшөлткөн сезими ак барактарга гана төгүлүп, эки ортону тынымсыз байланыштырып турган каттар менен гана чектелип калат болсо керек деген тымызын ойдон ажырай албай, сүлүк курттай ичтен мүлжүгөн анын азабына купуя чыдап келген. Айгүл менен болгон жашоо азабы буга караганда караандабай калганын жакшы түшүнгөн. Көрсө, сүйүү деген бу – дайыма жайнап ачылып турган сезимдин гүлү, көңүлдүн күнү гана эмес экен. Мунун эмне экенин ал мындан көп жыл мурда, али бала кезинде алгач сезген. Ошол сүйгөн асыл адамдан ажыроо кайгысын өз башынан өткөргөн.
Ырас, ошол учурдагы жоготуу ал үчүн өмүрүндөгү эң биринчи оор сокку эле. Бирок, анда ошол Анара үчүн жоготуу, сокку болдубу, жокпу – мунусу белгисиз бойдон кала берди. Балким, ал Акунду үйүнө жетери менен эсинен чыгарып койгондур? Анткени аны сүйгөн эмес да. Мындай болууга мүмкүн да эмес эле. Азыр буга көзү жетип турат. Анда Анаранын жазгы гүлдөй бажырайып ачылып турган курагы эле. Оюн-күлкүгө тойбогон студенттик кез. Жаркын келечекке чакырган даңгыр жол. Анан капысынан кезиккен сабатсыз бир майып балага, болгондо да өзүнөн үч жаш кичүү «мадырабаш» балага байланып калмак беле. Ал жөн гана аны аяп, ага боору ооруп, көңүлүн аз да болсо көтөрүп койгусу келип жүрдү да. Ошонусуна да ырахмат. Канча кылган менен анын ууз сезимин ойготуп койду. Сүйүү деген нерсенин эмне, кандай экендигинен алгач жолу кабар берип, булактын көзү кайсыл жерде экендигин көрсөтүп койгонсуду. Жылчык таап, сызыла баштаган кезде кайра бүтөлүп калган ошол булактын көзүн эми бул Анара дааналап ачты. Бул жөнөкөй булак эмес болучу. Жүрөктүн толтосунан оргуп чыккан сүйүүнүн ысык, жалындуу, соолубаган булагы болучу. Анан аны кайрадан жоготуп алуу – жалгыз гана Акунга эмес, Анарага, анын эң асыл адамы болгон Анарасына да абдан оор тиймек. Анткени ал – Акунду сүйөт. Демек, бул ал үчүн да жоготуу болуп саналат. Андай болгон соң анын салмагы эки эсе оор. Буга ал эми чыдай алар бекен? Жок. Чыдай алмак эмес.
Ошентип ал он жыл бирге түтүн булатып, бир жаздыкка баш коюп бирге жашаган аялы Айгүлдү, аркасынан калбай чуркап жүрүшкөн эки уулун таштап коюп, чыга берди. Сырттан караган адамга акылсыздын кылганындай көрүнгөн бул кадамды таштоодон мурда ал бир нече жылга созулган түйшөлүүлөр, чарык жиптей чатышкан ойлор, уйкусуз түндөр деген көрүнгөн эле адам чыдап бере алгыс азаптардан бирде жыгылып, бирде кайра туруп басып өткөн. Негизгиси – ал өзүнүн эң зор жеңишине жетти. Бирок чиркин, пенде дегениң өзүнчө бир түшүнүксүз, куураган нерсе көрүнбөйбү.
Мурда Анарага жетсе эле баардык арманынан арылып, көйгөйлөрдөн биротоло кутулуп кете тургандай сезиле берүчү. Эми ошол периштедей Анарасы жатса койнунда, турса жанында. Бирок, андай болчу түрү жок. Эми балдары жөнүндөгү түгөнбөгөн санааларга саргайып, кусага батат. Барып келүүгө батына албайт. Буга Анара кандай карайт? Энеси, Айгүл, бир туугандары эмне дейт, алар мунун бул кадамына кандай карашат? Ырас, маңдайынан сылабасы турган иш дечи. Айгүл ыйлап жатып, азып кетти деп угат. Ага да кыйын болду. Ага кантип кезигет, эмне деп түшүндүрөт? Анын ашкере жаманчылыгын деле көргөн жок эле да. Бирок, ал мунусун ага карата кылган чыккынчылык деп эсептей албайт. Ар ким өз каалаганы, өз сүйгөнү менен өмүр сүрүүгө акылуу. Ансыз деле кыска өмүрдү кайдыгер, көңүлүң тартпаган адам менен мойнуңан байланган иттей болгон тажатма жашоого сарп кылуу кечиримсиз болмок. Мунун да туура жагы бар го. Бирок, мындан балдар зыян тартып, тирүүлөй жетим болуп калып жатышпайбы. Алар өмүр боюу бөксө, жан-дүйнөлөрүнүн бир өңүрү кем болуп калып жатпайбы. Ушул кемтиктин азабы качан болбосун өз салакасын тийгизип, жан кейите сыздатат. Ушул кечиримдүүбү? Мындайды деги эле кечирүүшө, кандайдыр бир бийик нерселерге жамынып актанууга болобу? Кайда-аан.
Күн өткөн сайын балдарына болгон сагынычы көкүрөгүнө көлкүлдөп, толуп барат. Экөө тең буту-колуна жармашып, жанынан алыс чыгышчу эмес. Айрыкча беш жашка келип калган Максаттын жаны бирге эле. Жумушка кетип баратканда ээрчип ыйлап кала турган. Кечинде келе жатканда жолдон тосуп туруп, машинага түшүп алчу. Көпчүлүк учурда эки баласын салып алып, көлдүн жээгине, же тоого барып экөөнүн ары чуркап, бери чуркап ойноп атышканын карап олтура берүчү. Алардын шарактаган күлкүсүнөн ашкан бакыт ал үчүн жоктой эле. Ал учурда бардык нерсени унутуп калучу. Анан бир күн көрбөй калса жаны тынч албай, сагына түшчү балдарын көрбөгөнүнө мына эки айдан ашып барат. Барган сайын алардын мотураңдаган элестери көз алдынан кетпей, жанын кыйнайт. Бала деген боор эт менен тең жаралган нерсе окшобойбу. Аларсыз бул жарык дүйнөңдүн кызыгы бир тыйын көрүнөт. Жаныңда жүргөн кезде бул анча сезилбейт тура. Качан гана алыста болуп, караандарын бир көрүүгө зар болгон кезде билет экенсиң. Ошондо гана кургакка чыгып калган балыктай тумчугуп, чабалактайт экенсиң.
Бул күндө алар кандай абалда жүрүштү экен? Алар деле куса болуп, сагынычтан саргайып ыйлап жүрүшкөндүр? Алмаз болсо бир нерселерге түшүнүгү жетип калды. Антсе деле атасынын эмне үчүн таштап кеткенине акылы жетпей, Максат экөө эртели кеч жол карап үмүт үзө албай жүрүшкөндүр. Айрыкча, кичинекей Максаты «атам качан келет» деп ыйлап, ансыз деле араң жүргөн апасын кыйнап жаткандыр? Ооба, ага эле жеңил дейсиңби. Балдардын ыйы ого бетер аны ичтен мүлжүп, жеп жатканы турулуу иш эмеспи. Кээде Алмаз менен Максат ээрчишип алып, анын иштеген жерине барып, машинасы менен үйгө бирге келишчү. Балким, ал жакка эчен жолу барып, бек турган эшикти карап алып, таш чайнап алгандай умсунуп, экөө тең ыйлап кайтышкандыр?
Акун терең улутунуп алды. Негедир көкүрөк тушу тыз этти. Көзүнө жылуу жаш ирмеле түштү. «Берекелерим ай! Атаңарды кечирип койгулачы. Силердин алдыңарда нар көтөргүс күнөө кылдым. Көзүңөрдү жалдыратып, таштап кеттим. Багыңарга балта чаап, тирүүлөй жетим кылдым. Ким билет, мунумду жараткандын өзү да кечире албас. Эмне дейин, каралдыларым, силерге мен эмне деп, кандай деп актана алам? Силер мени кандайча күнөөлөсөңөр да болот. Ошого татыктуумун. Эч нерсе дей албайм. Балким, кийин менин жүзүмдү карабай кетерсиңер, балким, мага түшүнүп, кечирерсиңер. Эмне кылсаңар да өз эркиңер. Ылайым аман болгулачы. Менин сиерден биротоло кол үзүп кетейин деген ниетим болсо буйрубасын, жан боорлорум. Бир аз чыдай тургула. Баш учумду жыйнап алсам – силерди колума алам. Баягыдай бирге жашайбыз. Азырынча ыйлабай коё тургулачы, боорлорум».
– Акун, сага эмне болду? – Капысынан чыккан Анаранын үнү Акунду селт эттирип алды. Ал терең ойдун кучагында олтуруп анын жанына келгенин байкабай калыптыр. Уурусун карматып алган немедей шашып кетти. Эмне кылаарын билбей карбаластай түштү.
– Эч нерсе болгон жок, Анарка. Кабатыр болбо, жөн эле бир ойго батып кетипмин.
– Ал кандай балекет баскан ой болду экен, сени ушунчалык тунжуратып койгон?
– Тиги жакта сага кандай немелер суктанып, кандай немелердин шилекейлери агып жатты экен дейм да. – Сөзүн тамашага чалдырып, азыркы абалынан чыгып кетүүгө аракеттенди.
– Ошол элеби? Анда саргарткан санааңдын жарасы жеңил экен. Бул жагынан камтама болбо. Мага агыза турган шилекейлүү жигиттер жок.
– Ошондой эле болсун. Антпесе алардын башына балдагым ойной түшөт.
– Кой эми. Сен турганда башка бирөөнүн караганына зарыл белем.
– Ырахмат Анарка. Тамаша кылып атпаймбы. Жумушуңду бүттүңбү? Чарчаган жоксуңбу? Эмнеге муңайым боло түштүң? Эми эле жадырап турбадың беле, Анарка. – Акун кабатырлана карады. Чынында эле ал ойлуу, кандайдыр бир муңайым абалда турган. Балким, Акундун жүрөгүн өйүгөн нерсе жөнүндө шек алып калгандыр? Кап, ошончодон да ушу жерде олтуруп, ойлонуп кеткенин кара. Мынчалык тез чыгып келерин билбей калбадыбы.
– Эч нерсе эмес, Акун. Муңайбай эле турам, сага ошондой көрүнүп аткандыр. Жумуш бүттү. Азыр кетебиз, тиги жакта бир мүшөк отун бар, жана ара-чолодо терип койгом, ошону алып келейин. – Ал сумкасын Акунга карматты да, калың бактын арасындагы ичке жол менен төмөн басты. Негедир ал жанагыдай маанайы ачык эмес эле. Ойлуу тартып, жерден көзүн албай баратты. Ал деле үйүн, апасын, туугандарын сагынган чыгар. Айлыктарды чогултуп алып, жакында Ошко барып келбесек болбойт деген ниетке келди Акун. Ал машинадан түшүп, багажникти ачты.
Экөө кыйлага үн катпай, өз ойлору менен алектене, жүрүп отурушту. Машина шаардан чыгып, анча алыс эмес чакан айылдын өздөрү жашаган көчөсүнө бурула береринде Анара алды жагын караган боюнча акырын үн чыгарды:
– Акун, тоого барып келеличи. Али күн бата элек.
– Макул. – Акырындап калган машина кайра чоң жолдун ортосуна түшүп ылдамдай жөнөдү. Бул жол Каракол капчыгайына алып барат. Эки тарабы тоо менен курчалган узун коктуну өрдөп кетип баратышты. Жол анчалык бийик болбогондуктан машинага көп деле күч келбеди. Акун жолдон чыгып, калың бактуу шар аккан суунун жээгине келип токтоду. Бул жерге мурда да бир нече жолу Асан экөө келип эс алып кетишкен. Түз, бир кыйла жайык, ары-бери басып жүргөнгө жайлуу жер. Айрыкча жайдын ысык күнүндө келип, жыш өскөн бактын көлөкөсүндө канаттуулардын сайрашканын, аккан суунун шаркыраганын угуп олтуруу – өзүнчө бир ырахат. Бул чөлкөмдө жайкысын адамдар үзүлбөйт. Бөтөнчө дем алыш күндөрү. Үй-бүлөлөрү менен келип эс алып, балык кармап олтургандардан бош жер калбай калат. Азыр кеч кирип, анын үстүнө күз келип, күн аптабы кайта баштагандыктан мында бир да адам жок эле.
Акун менен Анара машинадан түшүп, суу бойлой жогору басышты. Жайкысын ат агызчудай чамынган Каракол суусунун эми деми кайтып, кыйла бөксөрүп, жоошуй түшкөн. Торпоктой таштарды аралап, ийрелеңдеп агып жатат. Мурда көзгө илинбеген таштар азыр суудан чыгып кургап турат. Бактардын жалбырактары күбүлүп, шопоюп, комсоо тартып кандайдыр бир аянычтуу көрүнө баштаган. Аларды да белгисиз бир кусалык ээлеп алгандай. Демейде канаттуулардын тынбаган чурулдагы да угулбайт. Баардыгы ушул кусалыктан кайдадыр качып кеткендей. Акун Анара экөө жерде чачылып жаткан сарбарикти шуудурата кечишип, акырын басып баратышты. Ортодо дале үнсүздүк өкүм сүрөт. Алар сайдан алысыраак жерде жыгылып жаткан чоң даракка келип олтурушту.
– Чарчаган жоксуңбу, Акун? – Анара анын чекесиндеги нымшыган терин алаканы менен сүрттү. Акун кичине басса эле тердеп чыга турган. Күч менен баскандыктан болсо керек.
– Жок, анча деле көп баскан жокпуз го. Анын үстүнө бул ажайып жерде чарчоо деген эмне экендигин унутуп каласың. Мүмкүнчүлүк болсо экөөбүз күндө келет элек.
– Ооба, чындыгында эле кооз жер экен. Биз жакта мындай бийик тоолор, карагай, бактар, шар аккан суулар жок. Боз адырлар гана бар. Аларга эми жаш көчөттөрдү отургуза башташты.
– Негизи кыргыз жергеси абдан кооз жер. Чынында бул жер анча эмес. Биздин Жуукунун ичин, кол менен жасап койгонсуган кызыл жарларды, кызыл үңкүрдү, жылуу суусу бар дем алуу жайы орун алган капчыгайды көрсөң көз кумарың канмак. Буйруса, ал тарапка да барабыз. – Акун жанында олтурган Анараны аяр кучактады. Өзүнө тартып бетинен өптү.
– Акун, сен кыйналып жүрөсүңбү? – Анара ага олуттуу карады. Бул көз караштан ал негедир жалтайлай түштү. Аптыгып калды.
– Эмнеден кыйналмак элем. – Анын үнү бошоң чыкты.
– Билем, Акун. Сен өңүңдөн азып баратасың. Барган сайын мүнөзүң өзгөрүлүп, ойго басырыласың. Аныңды менден жашыргың келет. Бирок, анте албайсың. Жүрөктү алдаш кыйын. Балдарыңды сагындың, аларга болгон кусалыгың артып барат. Мунун кандай оор экенин сезем. Түшүнөм, мунун баары мен үчүн.
– Жаңылышасың Анарка, экөөбүздүн сүйүүбүз үчүн.
– Бирок, ошол сүйүүдөн балдар запкы тартпашы керек эле да. Эми алар үчүн сен санаадан санаага батып, кыйналып жүрөсүң. Балким, биз өз бактыбыз үчүн башка бирөөлөрдүн бактыларына балта чапкандырбыз. – Анара тээ алыскы бийик тоонун чокусундагы мөңгүнү жылтыратып тийип турган күндүн акыркы нурун карап ойлуу олтуруп калды.
– Антип ойлобо, Анара. Ар ким өзү туура деп тапкан жол менен кетиши керек. Анын үстүнө ар ким өз сүйүүсү, өз бактысы үчүн күрөшүүгө акылуу.
– Жазуучулугуң билинип турат, Акун. Кудум китептегидей сүйлөйсүң.
– Анарка, кымбатым, анчалык тереңдебейличи. Болуптур, чынымды айтсам, мен кыйналып жүрөм. Адам үчүн бала деген боор эт менен бирге бүткөндөй нерсе экен. Эки уулумду сагындым, алар эсимден кетпей, кусага сарбариктей сапырылып жүрөм.
– Муну менден эмнеге жашырдың?
– Көңүлүңдү оорутуп алгым келбейт.
– Жок Акун, бул кылганың туура эмес. Менин көңүлүмдү оорутпайын деп отуруп, өзүңдүкүн гүлдөй солутуп алышың жакшы болмок беле. Туура, адам үчүн баладан өткөн асыл нерсе жок. Сен балдарыңа барып учурашып, өз сагынычыңды, алардын сагынычын таркатып кел. Аялыңды кыйсаң да, балдарыңды кыйып кетишиң болбойт. Бул өзүадамкерчиликке жатпаган нерсе эмеспи. Таттуу-паттуу алып берейин, колуңду карап калышпасын.
– Ырахмат, Анаркам. – Акун андан нары сөзүн уланта албай, Анараны кучактап өптү…

* * *

Жол. Негедир ал дайыма Акунду өзүнө тартып, кызыктырып турат. Аны кандайдыр бир сырдуу, ажайып дүйнөгө алып барчудай, кымбат табылгага тушуктурчудай боло берет. Дале эсинде. Бала кезинде, баягы төөнүн көзүндөй чүңүрөйгөн терезеден тээ алыста бүлбүлдөгөн тоолорду карап олтуруп, «эшек арабам болсо, анан ошого түшүп алып айылдын четине чыксам», – деп кыялдана турган. Айылдын чети ал үчүн өзүнчө бир сырдуу дүйнө эле. Ким билет. Бул көптөн бери аздектеп жүргөн тилеги жөнүндө кимдир бирөөгө айтып бергендир. Мунусу эсинде жок. Ошол кезде таекеси аскерде болучу. Анан ага бирөө таекең эшек араба ала келет дегени сезимине кыттай уюп калат. Мындан мурда анча элес алып, күтпөгөн таекесин ошондон тартып чыдамсыздык менен күтө баштайт. Кээ бир түндөрү уктабай, чакыйып чыккан учурлары болот. Ал уктап калса эле таекеси эшек араба алып келип, анан аны башка бирөө алып кетчүдөй сезилет. Ушул ойдон коркуп жүрөт. Бирок, зарыктырган таекеси жалгыз чамаданды көтөрүп эле шоп этип кирип келгени, арабага байланышкан не бир сонун тилектери ташка тийгендей быркырап, талкаланып, ошондон улам буркурап ыйлаганы эсинде. Антсе деле ал таттуу оюнан кийин эс тартканга чейин ажырай албай жүрдү.
Азыр тасма жолду ийиктей түргөн машинада кетип бара жатып, ошону эстеди. Өзүнчө жылмайып алды. Акыры ошол тилегине жетти – эми араба гана эмес, зымыраган машинасы бар. Бирок, пенде дегениң ынсабы толбогон бир бечара көрүнбөйбү. Кээде ушуга да алымсынбай, мындан чоң, мындан күлүк машина жөнүндө самап кетет. Мунун арымы купулуна толо бербей, өтө жай жүргөнсүй берет. Жайкы аптапта мотордун тез ысып кеткени да кыйла ыңгайсыздыкты пайда кылат. Андай учурда жолду арбыта албайсың. А азыр кыш. Мотор ысыбайт. Антсе деле жол узарып кеткендей. Ашыккан учурда ого бетер. Үч айдан бери көрбөй сагынып, куса болгон балдарына бараткан. Бул кезде Айгүл дале айылдагы анын үйүндө жашап жаткан эле. Башка бара турган жери жок болучу. Ата-энеси бир топ жыл мурда кайтыш болушкан. Инилери болсо ар кайсы чабандарда койчу болуп иштешчү. Чынында ага оңой болбогонун түшүнүп турат. Бирок, ар кимдин бул турмушта өз жолу, өз максаты, өз тагдыры бар эмеспи. Андыктан ар ким өз «куржунун» өзү көтөрөт. Акун азыр өзүн-өзү ушинтип жооткотуп, көңүл түпкүрүндөгү буркан-шаркан түшкөн толкунду ушинтип тынч алдыргансыды. Бирок, Айгүлгө кезигип, анын каргышын уккусу келбеди. Боздогонун, көлдөгөн көз жашын көргүсү келген жок. Айылдын берки чет жагында жашаган иниси Сакыныкына барып, балдарын чакыртып алды. Ушул кезикпеген үч айдын ичинде балдары кыйла жүдөп, колго түшүп калышыптыр. Көздөрүнөн кусалыктын терең катмары сезилип турду. Айрыкча кичинекей Максаты чүлжүйүп, бет чүкөсү чыга, адамдын боору ооругудай абалга келиптир. Алмаз тентеги болсо токтоо тартып, мурдагы шайыр мүнөзүнөн дайын жок. Жанынан карыш чыкпаган балдары ушу кыска убакыттын аралыгында ушунчалык өзгөрүлүп кеткенине бир чети ишене албай да кетти. Аларды бооруна кысып олтуруп, жүрөгү сыздап чыкты. Көзүнөн мөлтүр тамчылар сызылды. Өз сүйгөнүнө кандай «курмандыктын» аркасы менен жеткендигин эми гана түшүндү…
Түшкө чукулдап калган маалда эшик акырын кагылды. Кагазга үңүлүп олтурган Акун баш көтөрүп «кире бериңиз» деди. Кимдир бирөө эшикти батынбагандай, жай ачты. Бакене бойлуу, эткээл келген кара жүздүү карыя баш бакты. Эмнегедир мурду бир башкача чоң көрүндү.
– Салом алейкум, ата, келиңиз. Мындай олтуруңуз.
– Келдим, уулум. Карайлаган там сүзөт дегендей, акыры бир айла болуп калабы деген ниетте келип калдым.
– Келгениңиз ырас болуптур, ата. Жөн-жайыңызды айта олтуруңуз.
– Ээ, уулум, тагдыр башка салса көтөрбөскө пендеде чара калбайт тура. Эки жыл мурда кемпиримден ажырадым. Карыганда какчаңдатып, жалгыз калтырбасын. Адамды бир кырсык чалып алса оңой менен оңоло албайт тура. Эми баш учумду жыйып келатсам, тагдыр деген кара таш кайра белге чапты. Беш ай мурда каран калган милийсалар күлгүндөй болгон уулумдун белин сындырып, төшөктөн тургус кылып салышты. – Карыя чөнтөгүнөн кир болгон жүзаарчысын алып чыгып, бет ылдый куюла баштаган жашын сүрттү.
– Кандайча, баланын эмне күнөөсүбар экен?
– Күнөө кылгыдай бала болсочу, уулум. Үйдө олтурган жеринен алып чыгып кетип, электирдин зымын уурдаганыңды мойнуңа ал деп үч милийса сабаптыр. Докдурлар «балаң эми басууга жарабайт, үйүңө алып барып багып тур» деп чыгарып беришти. Төрт айдан бери шору катып, жалдырап жатат балам. – Карыя кайра шоролонуп ыйлап кирди. Сөзүн андан нары уланта албады.
…Сексенинчи жылдардын капорто ченинде бейиши болгон төрт тамганын келкели келип, каймагы желип турган учурда адамдардын сезимине дүрт эттире чок түшүргөн бир күйгүлтүк окуя болгон. Анда азыркыдай күркөлөрдө күтүрөгөн газеттер кайда. Эки колдун салаасы жетпей калчу. Ошол үркөрдөй газеттердин эң окумдуу, таасирдүүлөрүнүн бири «Литературная газета» боло турган. Бир күнү кезектеги жаңы санын алып, Акундун селт эте түшкөнү дале эсинде. Биринчи бетте он жети-он сегиздерге келип калган үч жигиттин кубанычтуу да, эрдемсий да түшкөн сүрөтү берилиптир. Колдорунда бир кулачтай такта, ага канаттары кериле мык менен кадалган карга. Жүздөрүнөн бакыттын балы тамган ушул жигиттердин табыятына ушунчалык ташбоордукту, мыкаачылыкты жакындата албай, дел болуп олтурду. Сүрөттүн алдындагы жазууну окуса чынында эле карганы ошол үчөө тирүү кармап алып кадашкан экен. Бул «эрдиктерин» даңазалап сүрөткө түшүшүптүр. Кийин ушул окуя, ушу сүрөт бардык гезиттерге чыгып, теледен көрсөтүлүп советтик жаш жигиттердин мындай чектен тыш жорукка баргандыгы тууралу Хемингуэйдин коңгуроосун кагышкан. Мунун кесепети далай министр, жетекчи, мектеп деректирлеринин башына балка болуп урулгандыгын да окуган эле.
Бүлтүйгөн көздөрүндөгү куюлган жашын эски жүзаарчысы менен улам сүртүп коюп, көкүрөгүндөгү көлкүлдөгөн көйгөйүн таш жарчу үшкүрүктүн коштоосунда акырын айтып жаткан карыянын маңдайында олтуруп, эмнегедир азыр ошо каргашалуу окуяны эстеди. Албетте, аны менен бул карыянын көкүрөк дартынын эч кандай байланышы жок эле. Антсе деле жан-дүйнөгө чок таштаган мындан жыйырма жылдай мурда көргөн сүрөт анын көз алдынан кетпей туруп алды. Ага кошумча болуп, карыянын айткандары да кулагына улам жаңырыктай берди. Иштеп олтурган очеркин жылдыра албай, алагды болуп жатты. Анан ордунан турду да, редакторго кирди. Ал жалгыз олтурган экен. Иштин жагдайын жайынча түшүндүрүп берди. Ошол баланын тагдыры жөнүндө жазып келүүнү каалагандыгын айтты. Редактор каршы болгон жок. А бирок мунун чырдуу иш экенин, ошондуктан өтө дыкаттык менен изилдеп чыгып, анан жазуу керектигин астейдил эскертип өттү. Ал Акундун жакшы жазарын билчү. Андыктан ашыкча кеңеш берүүнүн зарылдыгы жок эле.
Карыянын айтып берген дареги Акун жашаган көчөдөн анча деле алыс эмес экен. Бул үйдүн тушунан далай өткөн экен. Беш кабат узун имаратка жакындаган сайын эмнегедир жүрөгү дүкүлдөйт. Анан кайрадан эчаккы газеттеги сүрөт көз алдына тартылды. Аны көз ирмем аралыкка жанагы карыянын элеси алмаштырды. Көп өтпөй тигил сүрөт өз ордун ээледи. Анын көзгө көрүнбөгөн зылдай жүгүнө төө басты боло, төртүнчү кабатка көтөрүлдү. Эшик ачылса эле үчөө бет алдынан чыга калчудай опкоолжуп, эшикти тыкылдатканга батына албай турду. Көлдөн бир чака суу сузуп алсаң – анын бөксөргөнү билинбейт. Ошол көлдөй ашып-ташкан сөздөрдүн арасынан адеп көргөн көрүнүштү баяндоого ылайыктуу сөз таппай, Акун тунжурай түштү. Бет алдында жапызыраак диванда гүлдүү ак шейшепти эндей жамынган жаш жигит жатты. Шейшептин этек жагынан чыгып турган түтүктүн бир учу дивандын алдында турган айнек банкага салыныптыр. Күлгүндөй жигиттин кандай абалда экенин ушул эле далилдеп койду. Бул Абдылда карыянын баласы Назар эле.
Адатта өлүм менен кырсык каш-кабактын ортосунда экендигин тандырбай турган турмуштук кырдаалдар көп болот эмеспи. Ойлобогон, күтпөгөн жерден Назар да ошондой каргыш тийген кырдаалга туш болуп, минтип он гүлүнүн бири жаңыдан ачылып келатканда белинен мертинип, кыймылдоого зар болуп, төшөккө жатып калбадыбы. Кыштын кычыраган ызгаардуу ошол күнкү кечинде үйүндө олтурган. Эшик кагылып, үч милиционер кирип келди. Пастортун көрсөтүүнү талап кылышты. Тыяк-быягын карап жаткан бирөө: «Тактай турган бир маселе бар. Биз менен бөлүмгө барууга тийишсиң, тез эле келесиң» деди. Оюнда эч нерсе жок Назар кыйыктанбады. Бирөөнө окшоштуруп жатышкан болуу керек деген ниетте жөнөп берди. Милиция бөлүмүнө алып барышкан соң милиционер жигиттер таптакыр башкача мамилеге өтүштү. Ай-буйга келбей эле:
– Уурдалган зымды кайда саттың, – деп кекетти Буудайчиев аттуу милиционер.
– Кайдагы зымды? – Назар эч нерсеге түшүнбөй кайра сурады. Бул Нурландын жанын кашайтып жиберди.
– Заматта эч нерсе билбеген келесоо боло калганын кара. Сен уурдаган зымды айтып жатам.
– Мен эч кандай зым уурдаган жокмун. – Назар иштин жагдайын эми түшүндү. Зым уурдабаганын, ал күнү кечке жумушта (шаардагы бирөөнүн тамын салып жатышкан) болгонун, үйгө келгенине жарым саат боло элегин айтты. Бирок тигилерди анын жообу канагаттандырбады. Аларга өздөрү каалаган жоопту алуулары керек эле. Ак ийилсе да сынбастыгын Буудайчиев, Белеков жана Конокбаев аттуу милиционер жигиттер эстерине алып коюшпады. Алар Назарды үч тарабынан камап алып, сабап киришти.
– Мурда-кийин мынчалык таяк жеп, запкы тартып көрбөгөн кишиге кыйын эле болот экен, аба. Адамдын өлөр-тирилерине карабаган жигиттер мынчалык ташбоордукту кайдан алгандыктарын түшүнбөйм. Аларды деле ата-энелери алпештеп өстүрдү го. Асмандан түшө калышкан жок го. – Назардын үнү кардыгып барып, буулугуп кетти. Көзүнө ирмеле калган жашын көргөзгүсү келбей, дубал тарапты карап кетти. Акундун каңырыгы түтөп, ушул тыртайган жыйырма үч жаштагы арык жигитти үчөөлөп тепкилеп жатканын көз алдына келтирип, тунжурап олтурду. Ооба, алар тээп буттары, муштап колдору ооруганда: «Зымды уурдаганыңды мойнуңа алып, кагаз жазып бер» деп тыным алышат. Уурдабаган нерсени кантип уурдадым демек эле. Назар «жок» дейт. Тигилер кайра баштайт. Ошентип таң атат. Эртең менен тышка алып чыгышат да, бетон столбанын жантайыңкы тирөөчүнө чык дешет. Бала жылмакай тирөөчкө чыга албасын айтканда үчөө ташбараңга алып кирет. Жан айласы түгөнгөн бала тырмышып жатып, кыйла жерине чыгып барат. Бирок ал жерден тартылып турган зымга жетпейт эле.
Ак жеринен күйүп, токмок жеп жаны ачыган жигит столбадан түшпөй, прокуратурадан киши чакырып келишин талап кылат. Мурун-кийин мындай өжөр баланы көрбөгөн Аскардын жаны чындап кашайып кетти. Жерден муштумдай таш ала коюп, бардык күчү менен шилтеп калды. Ал бетон столбанын кан какшаткан муздагы бооруна өтүп, араң турган баланын каракушуна тийди. Бир бакырып алып, тоң жерге былч эте кулап түштү. Эки күндөн кийин ооруканадан эсине келди. Кабыргалары, көкүрөк омурткасы сынып кетиптир. Мына ошентип төрт айдан бери кудайга үнү угулуп, төшөктөн тура албай жатат.
– Ыйлап атып көзүмдүн жашы түгөнүп калды окшойт, аба. Азыр жаш чыкпай калды. Күлгүндөй кезимде ушинтип кор болуп, жатып калгандан көрө өлүп калгым келет. – Назар сөзүн андан ары уланта албай буулукту. Канткенде анын көңүлүн аз да болсо жубата турган жылуу сөз таппай олтурду Акун. Чакан бөлмөдө уюган жымжырттык пайда болду. Акыры анын думуктурган кучагынан бошонуп чыгуунун айласы кылды:
– Анан тигил милиционерлер эмне болду, алар жазасын алдыбы?
– Докдурдан тиешелүү кагаздарын жыйнап, ага арызымды тиркеп прокурорго бергенбиз. Милиционерлер иштеринен бошотулду, жакында соту болот дешкен. Анын качан болору белгисиз. Бир айдан бери күтөм.
– Алар сенин алдыңа келип, кечирим сурап, каралашып турушабы?
– Аларга мен айыкканча каралашып, дары-дармек, аны муну алып келип туруу жагы милдеттирилгендигин билдиришкен. Бир коляска, анча-мынча дары алып келишкен. Ошо бойдон көрө элекмин. Чындыгында алардын жүзүн көрөйүн деген ниетим жок, аба. Жарымжан кылып, мени ушундай армандуу абалга жеткирип койгон адамдарды эмне деп аташымды, эмнеге салыштырышымды билбейм. Эмнеси болсо да, алар тиешелүү жазаларын алышса мага бир аз жеңил болот беле. Балким, милиция кызматкерлери тарабынан мага окшоп, тагдыры талкаланган адамдардын саны азаят беле…
Ал кайрадан унчукпай калды. Дивандын алдындагы чакан банкеге саргайган суюктук куюла баштады. Бала ыңгайсыздана, дубал тарапты карады. Балким, ошол учурда адамдарга, укук коргоо органдарынын жетекчилерине жеткире албаган көкүрөк датын, адамдын убал-сообуна карабаган таш-боор милиция кызматкерлерине болгон каргышын айтып, алардын колунан талкаланган тагдырына өксүп, жашоо деген миң кырлуу, каткалаң нерсенин чыга алгыс көйгөйүнө түшүп кеткенине арман кылып жаткандыр. Же эртеңки күнүн караңгылатып, кырчын тагдырына балта чабышып, анан эки айдан бери бир кайрылып келип ал-абалынан кабар алышпаган жигиттердин (андайларды жигит деп атоого да ооз барбайт экен) ыйманы качкан көздөрүнө бир гана жолу карап алгысы келип жаткандыр. Болбосо, ушунча убакытка чейин жаш жанын азапка салып, белин мертинткендердин өз жазасын бербей создуктуруп, адилеттиктин сайраңын алыстатып жаткан сот жетекчилерине карата болгон үмүтүн дале үзө албай жаткандыр. Неси болсо да Акун аны ошол көз ирмемде кандайдыр бир түккө арзыбаган сөз, суу кечпеген каалоо-тилектер менен көңүлүн жубата албай тунжурап олтура берди…
Оо адамдар, биз бул жашоого бири-бирибиздин жолубузду тороп, бири-бирибиздин өмүрүбүзгө, тагдырыбызга, турмушубузга балта чабыш үчүн келдик беле? Өмүрүбүздүн өтөлү ушул элеби? Буга тайсалдабай түз жооп бере ала турганыбыз барбы арабызда? Жообу табылбаган суроолордун салмагына майышкан Акун төмөн түшүп баратты. Улам төмөндөгөн сайын биринчи кабатка эмес, таш-боордуктун, ыймансыздыктын, Шайлобек акын сыздап-боздоп ырдаган кайдыгерликтин бүксүгөн сазына жакындап бараткандай сезилип, жүрөгү зыркырай берди. Кайрадан көз алдына тактага кадалган карга тартылды. Ошол тактанын артында милиция формасындагы үч жигит да такта кармап турушкандай селт эте түштү. Андагы үчөө. Мындагы үчөө. Балким, бул тарыхтын кайталанышы болуп жүрбөсүн. Бирок, бул жерде ошол тактага карга эмес, карабашыл тирүү адам кадалгандай, болгондо да, он гүлүнүн бири жаңы ачылган жигит. Бир кызык жери: эмне үчүн Хемингуэйдин коңгуроосу эми кагылбайт? Же биздин коомдо адам тагдыры карганыкынан да арзан болуп кеткенби? Болбосо аны кага турган идиректүү, ыйманы уктатпаган бир да жан калбай калганбы? Балким, бул акыр заман деген нерсенин жакындап калгандыгынан берген алгачкы шооратыдыр?
Жообу табылбаган бул суроолордун зылдай оор салмагына басырылган Акун бул дүйнөнүн жууса кеткис бир ыплас чуңкуруна кулап кетип, анан таза жери калбай булганып чыккан сымал сезимде баратты. Бир канча күнгө чейин жанына жай бербей бучкактап, миң алакеттен өткөргөн бул сезим акыры көкүрөктөн оргуп чыккан буктуу үшкүрүккө окшогон көлөмдүү макала болуп ак кагазга төгүлдү. Ал газетанын ошол жумадагы санына басылып чыкты.
…Акун өзү иштеген кабинетке киргенде дубалга илинген чоң саат эртең мененки тогуз болгонун көрсөтүп туруптур. Катарлаш столдо олтуруучу Зарып үңкүйө олтуруп алып, бир нерсени берилүү менен жазып жаткан экен. Эми кирген Акунду баш көтөрүп карап калды. Анан ордунан туруп колун сунду:
– Кандай Акун, сен кечикчү эмес элең го, башыңа чөп сындырып койсомбу?
– Ушундай болуп калды, Заке. Анараны иштеген жерине жеткирип коеюн деп ооруканага кайрыла калсам, ал жерден бир тааныш келиндин кичинекей баласы чарчап калыптыр. Аны таштап кете албай, Ак-Сууга жеткирип келгенче ушул болду.
– Кап, жаман болгон экен да. Ыйманы саламат болсун наристенин. Башка иш түшүп турганда соопчулук кылып койгонуң дурус. Сени Жумагүл издеп жүрдү эле.
– Эмнеге?
– Келери менен редакторго кирсинчи деп кетти.
Иш ордуна эми отурайын деп жаткан, Акун балдактарын кайра алып колтугуна таянды. Эмнеге чакырып жатканын түшүнө албай, бушайман ойлорго чырмала, анын кабинетине кирди. Өзү жалгыз олтурган экен.
– Саламатсызбы!
– Кел Акун. Самалат, ден соолуктар кандай?
– Жакшы, кудайга шүгүр.
– Бул макалаңды абдан таасирдүү, көркөм жазгансың. Калеми такшалып калган жазуучунун деми сезилип турат. Жүрөктү титиретет. Биздин чыгармачыл жамааттын көпчүлүгү бул боюнча жакшы пикирде. – Алдында жаткан газетанын Акундун Назар жөнүндөгү макаласы басылган санын алып, бери жылдырып койду. Өзүнүн иши жөнүндө редактордун өз оозунан жакшы пикир угам деп күтпөгөн Акундун чекеси нымшый түштү.
– Ырахмат, Акмат Давлетович.
Акмат макалага көз жүгүрткөн болуп, кыйлага унчукпай, мындан аркы сөздү кандай баштасам экен дегендей кыязда ойлуу олтурду. Анан ага карады:
– Акун, бул аша чапкан сөз, же көзүңө карап мактагандык эмес. Сен ага муктаж эмессиң. Чынында сен таланттуу жигитсиң. Эл-журтка аздыр-көптүр төбөң көрүнүп калган жазуучусуң. Эки жылга чукул бирге иштешип келе жатабыз. Кудайга шүгүр, ишиң, жазгандарың жөнүндө эч нерсе дей албайм. Мындан ары да бирге иштеше берсек жакшы болмок. Бирок, анткенге мүмкүнчүлүк болбойт окшойт. – Ал ордунан туруп кабинеттин ичинде арты-терки баса баштады. Акундун эми эле жадыраган жүзүнө муздак суу себилип кеткен сымал, томсоро түштү. Колунан бир нерсесин капысынан жулдуруп жибергендей Акматка карады:
– Эмне үчүн? Же бир жеримден жаңылыштык кеттиби?
– Жок Акун, бул жагынан эч кам санаба. Бизге жогору жактан газетанын кызматтык штатын отуз процентке кыскартуу тууралу буйрук келди. Өкмөттүн чечимин аткарбай кое албасыбызды өзүң жакшы билесиң.
– Түшүнөм. – Акундун үнү чечкиндүү чыкты. Акмат жалт карап алды. Ал андан муну күтпөгөн болуу керек. Өзүн кыжаалат кылган маселенин оңой чечиле баштаганына жеңилдей түшкөнсүдү. Акун өз каалосу менен иштен бошотуп коюу жөнүндө арыз жазып ага сунду. Акмат колундагы кагазды окубастан Акунду үнсүз карап турду да, анан улутунуп алып четине кол койду…
Акун шаардан чыгып, өзүнүн айылына кетүчү чоң, тасма жол менен келатты. Ойлобогон, күтпөгөн жерден иштеп жаткан ишинен, көнүп калган жамааттан бир заматта кетип калганына ичи ачышып, бук болуп баратты. Мындан эки жылга чукул мурда областтык газетада иштеп турганында кыскартуу деген балакети Акундан башталган. Эми дагы. Канчалык жанталашып, колунан келген бар мүмкүнчүлүгүн сарп кылып иштесе деле баары бир майыптын иши – майып турбайбы. А болбосо чындыгында ал жазганчалык жаза албай, жөн эле караанын көбөйткөндөр канча. Ошолордун көбү университет менен институттардын дипломдорун көтөрүп жүрүшөт. Албетте, аларга Акундун ичтарлыгы жок. Жүрө беришсин, иштей беришсин. Ар ким өз бешенесине жазылганын көрүп, маңдайына буйрулган ырыскысын таап жейт. Тирүүлүктүн озуйпасы ушул: ичээр сууң, көрөр күнүң бүткөнчө кыбыраганың кыбыраган. Жумуш эмне, акыркы күнүң калганча маңдайыңа жазылган энчи эмес да. Ошондуктан байлык менен бийлик колдун кири деп айтылып калгандыгы төгүн дейсиңби. Ал деле буйруган күнүн көрөр. Ачка, жылаңач-жыртык калмак беле. Кудайга шүгүр, анча-мынча пенсия алат. Мындан тышкары ар кайсы газеттерге жазган ағгеме, ырлар, макалалары үчүн калемакы алып турат. Анын үстүнө Анарасы иштеп жатпайбы.
Албетте, өзү деле иштеп турса жаман болбос эле го. Анын тапканына бир топ жөлөк болмок. Ага кыйынчылык келтирмек эмес. Бирөөнүн чучуктай болгон батиринде турушса. Ага айына отуз сом төлөйт. Аны менен кутулуп калса жакшы эмеспи. Ээси бир кудай урган неме экен, күн алыс келип алып эле, «мен ичкенди жакшы көргөн кишимин, бир нерсе алып бербесең болбойт» деп эле демитип турат. Ага канча бөтөлкө алып бергенин да билбей калды. Кийинки кездери ал келе жатканын көрүп эле айласы кетчү болду. Ошол учурда акчасы болсо жакшы, алып берип кутулат, а жок болуп калса эзилип олтура берет. Үйдөн чыгарып жиберерин кыйытат. Эмне дейсиң, кошуна-колоңдон карыз сураганга мажбур болот. Төрт-беш күн өткөндөн кийин эле баягы көрүнүш кайра кайталанат. Эми минтип жумушунан да бошотуп коюшту. Мурдагыдай үйүндө жалдырап олтуруп калса эмне болот? Жок, азыр машинасы бар эмеспи. Баштагыдай үйкүчүк болуп калбасы турган иш дечи. Балким, дагы бир ылайыктуу жумуш табылып калгысы бардыр. Баса, бул жөнүндө Анарага кантип айтат болду экен. Аны ал кандай кабыл алат? Балким, капаланар? Бирок, азыр анын эч нерсе жөнүндө ойлогусу келбеди. Жөн гана эки жээгинде теректер жыш тигилген чоң жолдо кетип бара жатты.
Тасмадай созулган ушул жол анын туулуп өскөн айылына алып барат. Негедир азыр ал ушу бойдон жүрүп олтуруп, түз эле айылына, өзүнүн үйүнө баргысы келип кетти. Үйгө барбаганына бир нече ай болгон. Балдарын сагынып, куса болгонун эми сезди. Ичи тызылдай түштү. Көзүнө жылуу жаш ирмеле калды. Эми эле созулуп жаткан жолду кандайдыр бир белгисиз күч эритип жибергендей мөлтүлдөп, ийрелеңдеп кетти. Машина жол четине барып токтоду. Акун жерге түштү. Калың бактын арасына кирди, жалбырактар бирин-сериндеп түшүп жатат. Кайрадан күз келди. Мезгил деген ушул экен да. Кечээ эле жай айы эмес беле. Ушинтип олтуруп, өзңдүн өмүрүңдүн да кандайча өтүп кеткенидигин байкабай калат турбайсыңбы. Саргайган жалбырактарды шуудурата кечип, жогору тарапка жай басты. Шуудураган үн эмнегедир ага аянычтуу угулду. Өз күндөрүн жашап бүткөн сарбариктер армандарын айтып жатышкандай сезилди. Тебелегиси келбей кетти. Кичинекей арыктан нары өтүп, аңызга түштү. Бул жердин картөшкөсү казылып алынган экен. Ылдыйраак жагында дале казып жүрүшүптүр. Мектеп окуучулары окшойт. Аларга жакын баргысы келбеди. Бир топ барып кайра тартты. Ушул учурда артынан кимдир бирөөнүн кыйкырганы угулду:
– Акун аба! – Ал артына жалт карады. Тигиндейрээкте бир келин келе жатыптыр. Аны тааныган деле жок. Антсе деле аны утурлай басты.
– Жакшысызбы Акун аба? Бул жакта эмне кылып жүрөсүз?
– Жакшы. Жайынча эле жұрөм. – Ал андан ары эмне айтарын билбей туруп калды.
– Сиз мени тааныбай турасызбы, Акун аба?
– Өңүң жылуу учурап жатат, тааный албай турам, кечирип кой. – Ал айыптуудай жылмайды. Келин күлүп калды.
– Өзүңүздүн карындашыңызды тааныбай калгандыгыңыз болмок беле, аба. Мен Эшен абаңыздын кызы эмесминби. – Акун эми тааныды. Бул туугандарынын кызы Сонун болучу. Аны кичирээк кезинде көрүп жүрчү. Кезикпей калганына он жылдан өтүп кеткен.
– Сизди шаарга көчүп кетти деп уктум эле.
– Ооба, шаардамын.
– Иштериңиз жакшыбы? Жаңы жеңебиз кандай?
– Кудайга шүгүр, баары жакшы. Сонун, менин балдарымды көрө алдыңбы жакын арада? Алар кандай жүрүшөт?
– Акун аба, мен Аң-Өстөндө турат эмесминби. Айылга көптөн бери каттай элекмин. Убакыт жок, картөшкөнү бүткөрсөк барып келем го. Үйдөгүлөрдү сагындым.
– Болуптур анда Сонун, мен кетейин. – Ал машинасы тарапка басты. Андан кыйла алыстап кетиптир. Бир аз узай бергенде Сонун кайра чакырды:
– Акун аба, бир-эки мүшөк картөшкө салдырып берейин балдарга, ала кети¢из.
– Жөн эле койбойсуңбу, сага сөз тийип калып жүрбөсүн, Сокен?
– Жок аба, кам санабаңыз.
– Ырахмат, Сокен. Ишиң ийгиликтүү болсун.

* * *

Турмуш. Анын күнүмдүк түйшүгүда оңой нерсе эмес. Ыбырсып жүрө берип, мезгилдин көрүнбөс дөңгөлөгүнүн кандай чимирилип баратканын элес албай каласың. Ак таң менен кара түндүн ортосундагы мүнөттөр шамал күбүгөн барик сымал көздөн кайыйт. Анан тамандарга тапталган бариктердей бүрүшүп, пайдасыз өлө берет. А мындай ар бир күндүн өтүшү анын көөдөнүнө жыйнала берип, акыры көтөрө алгыс жүккө айланып бараткандай. Жумушсуз калган Акунга ушундай сезилет. Негедир мурда байкабаптыр. Бир нерсе жазайын деген аракетинен оңчулуктуу майнап чыкпай койду. Эки-үч күн олтуруп жазган аңгемеси көңүлүнө толбоду. Он баракка чукулдап калган экен. Анысын бырчалап айрып, оту өчүп бараткан мешке ыргытты. Негедир ичи ачыша, колунан бир нерсесин түшүрүп алгандай шалдырап олтуруп калды. Үй ичи кыйла муздап калган. Жер али кара болгону менен күн сууп калган. Ал мештин алды жагында турган отургучка олтуруп, отун салып коюуга ниеттенди. Бирок, эртең менен Анара киргизип койгон отун түгөнүп калыптыр. Анын акыркысы экендигин да эске салып кеткен.
Ал айылдын четиндеги калың бакка келди. Жерде жаткан, же сынып калган куураган бутактарды бирден сүйрөп, машинанын жанына ташып келди. Анан чөк түшө олтуруп алып, кол араа менен таарып кирди. Ичкелерин балта менен кертти. Бешим ченге чейин кыйла отун даярдады. Буттары чымырап уктап, бели зыркырап чыкты. Күндүн чыкыроондугуна карабастан, чекесинен мончоктогон тери бетинен ылдый куюлду. Ага карабай, жеңи менен улам сүртүп коюп, кандайдыр бир өжөрлөнө, каруусу кеткен колу менен балтаны шилтей берди. Сүйрөп келген бутактар түгөнгөндө гана токтоду. Чөгөлөп олтурган боюнча кертилген отундарды машинанын багажнигине салды. Чарчап, ар кай жери ооруксунуп, кыйналып чыкса деле көңүлү ачык эле.
Ушундан баштап күндө бир маал ушинтип отун кертип келмей өзүнчө бир көнүмүш адатка айланды. Бул бир четинен Анарага жумушунан кийин отун терүү түйшүгүнөн арылтса, экинчиден өзүнө эрмек болуп, көңүл чөгөргөн ойлордон алыстоого түрткү берет.
…Түнкүасманда ала-телек булуттар каалгып, жай жылып бараткан Айдын бетин калкалай калышат. Андай учурда айлана көлөкөлөнө түшөт. Бирде жашынып, бирде бажырая калган жылдыздарды Акун терезеден карап жатты. Түн бир оокум болуп калса да негедир анын уйкусу келбейт. Баш-аягы жок мончоктой чачыраган ойлорго чарпылат. Бир капталынан экинчисине оодарылгысы келсе деле жанындагы бир калыпта дем алып жаткан Анараны ойготуп албайын деген ниетте былк этпейт. Балким, ал таттуу уйкунун кучагына эчак эле кирип кеткендир. Күнүкечке телпеңдеп басып жүрүп абдан чарчаса керек.
Мурдагыдай иштеп, пенсиясына кыйла кошумча акча таап турган кезде да жакшы эле. Тиричиликке бир топ эле жеңилдик болучу. Эми ушу өздөрү жашап жаткан жепирейген батирдин бир капшыты кандайдыр бөксөрүп калгандай, ушунун кесепетинен Анарага, анын кымбат, асыл адамына оорчулук келип кыйналып жаткандай муздак сезим көөдөнүнө жуга калат. Ошол боштукту өзү жасап алгандай айыптуу сезет. Кээде ушул ой жанына тынчтык бербей, эмне кыларын билбей кетет. Колдон келсе Анарасынын бутун жерге тийгизбей колуна көтөрүп жүргүсү келет. Кабагы бүркөлө калса жаны кейип кетет. Жок, бул ага кандайдыр бир көз каранды болгондугунан эмес. Андай нерсенин жыты да жок. Ага болгон сүйүү, ага болгон сыйлоо, урматтоо, ага колу жеткенине, аны менен жашап жатканына сыймыктануу сезиминен улам болсо керек. Бул үчүн ал өз тагдырына ыраазы. Чындыгында ал өз сүйгөнүнө бул тирүүчүлүктө жетем деп ой жоруган эмес. Көрсө, турмушта ушундай да кереметтер болот тура. Бирок, аны менен кошо баардыгы эле бүтүп, баардык жагынан телегей тегиз болуп калбайт экен. Антпегенде ал азыр сар-санаага батып, коргошундай ойлордун салмагына басырылып, ичтен эзилип жатпайт эле го. Ал капысынан терең улутунуп алды. Анара ойгонуп, бери оодарыла мойнунан кучактады:
– Эмне болду, Акун?
– Сен ойгоо белең, Анарка?
– Негедир көңүлүм тынч эмес, Акун. – Ал жылуу, дары жыттанган колу менен анын жаагынан назик сылады. Башын төшүнө жөлөдү. Акун төшүнө жайылган чачын акырын кармалады. Ал узун эле, көптөр анын жерге бир карыш кана жете бербеген олоң чачына суктаныша турган. Бул сөзүнөн улам көңүлү удургуй түштү.
– Бир жериң ооруп турабы?
– Дененин ооруганы эч нерсе эмес, аны өзүң деле жакшы билесиң го. Көңүлүм ооруп жатат, Акун.
– Эмне, мен бир нерсени туура эмес кылып алдымбы? Же менин иштебей калышым кыжаалат кылып жатабы? Баш аман болсо… – Анара сөзүн андан ары улантууга мүмкүнчүлүк бербей, алаканы менен акырын оозун басты.
– Жок Акун, ал жагынан кабатыр болбо. Сени иштеп, акча тапсын деп келген эмесмин. Жанымда болсоң болду. Мен иштеп атпаймбы, сенин пенсияң менен калем акың деле аздык кылбайт. Мени ойлонткон башка нерсе. Кийинки кездери сенин ойлуу тартып, кыйналып жүргөнүңдү сезем.
– Сага ошондой сезилип жаткандыр.
– Күн өткөн сайын санаага чөгүп баратканың байкалууда. Экөөбүздүн бирге жашап жатканыбызга алты айдын жүзү болду. Ошондон бери балдарыңа бир гана сапар бардың. Аларды сагынып, кусаланганыңды билип турам. Сенин тынч жаткан дүйнөңдү бузуп, турмушуңа бүлүк салганыма өкүнүп кетчү болдум, Акун.
– Антпечи, Анарка. Мен сени менен гана бактылуу экенимди жакшы билем. Ишенсең, мен эми гана жашай баштагансыйм. Сага туш кылган тагдырыма миң мертебе ыраазымын.
– Баары бир балдарың жүрөгүңө тынчтык бербей жатышканын жашыра албайсың. Аларды сагындың. Мүмкүн, Айгүлүңдү сагынгандырсың? – Ал сынагандай башын көтөрүп, Ай жарыгынын тилкеси жүзүнө келип төгүлгөн Акунга карап калды. Акун аны мойнунан кучактап, алкымынан жыттады:
– Эгерде аны сагына турган болсом сени сүйбөйт элем да. Экинчи мындай тамашалабай жүрчү, Анарка. Ал эми балдарымды сагындым. – Акун айыптуу немедей үнүн акырын чыгарды.
– Барып кел. Алар да куса болушкандыр. Максатыңды кийим-кечеси менен ала кел. Алмаз болсо окуп жатпайбы, аны жайында алып алабыз. Балдарың жаныңда болсо санааң тынч болот.
– Ырахмат сага, Анарка.
– Эмне үчүн?
– Мени туура түшүнгөндүгүң үчүн. – Ал аялын эркелете кучактап, оозунан өптү. Баятан толуп турган Айдын бетин калкалаган жыртык булуттар четке жыла берди. Сүттөй жарык терезеден агылып кирип, эки адамдын бешенесин жаркытып, саамайларына төгүлө берди. Үй ичи да кыйла жарык боло түштү…
Кар сампарлап жаап атты. Аны терезеден көргөн Акун жылуу төшөктөн тургусу келбей, негедир өзүнчө ыкшоолонуп жатты. Бирок, туруу керек эле. Анараны иштеген жерине жеткирүү керек. Ал жерге чейин кыйла алыс. Түз каттамдагы автобус да жок. Андыктан эртең менен жеткирип, кечинде кайра алып келип туруу – анын күндөлүк жагымдуу милдети. Ал оорукананын короосуна кирип, Анараны түшүрдү да, төмөн карай, шаардык кеңешти көздөй жөнөдү. Мындан төрт ай мурда, областтык газеттин редакциясында иштеп турган кезинде партиянын областтык комитетинин секретары Жумгалбек Аманбаевге кирип, үй берүү боюнча жардам сурап кайрылган. Ал киши бу маселени тез арада чечип берүүнү шаардык кеңештин коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысына тапшырган. Эми ага анда-мында кирип, бул маселенин чоо-жайынан кабар алып турат. Ага өткөн жумада эле кирген болучу. Бирок, бөлүм башчысына кезиге алган эмес. Кайдадыр чыгып кеткен экен. Бул жолу барууга мойну жар бербей, бирок Анаранын жолду ката «кирип чык» деп айтып келгенинен эле макул болду.
Ал экинчи кабатка көтөрүлүп, бөлүм башчысынын эшигин акырын ачты. Кезек күтүп төрт-беш киши олтурган экен. Аны көрө калган секретарь келин:
– Сизди Николай Васильевич издеттирип атты эле. Дарегиңиз боюнча барган киши таппай келди. Ичкеридеги киши чыккандан кийин кире бериңиз, – деди.
– Келиңиз, – деди Николай Васильевич Акун киргенде. Анан столунун бурчундагы кнопканы басты.
– Ольга Викторовнадан Асанкуловго берилген үйдүн ачкычын алып келип берчи, – деп кайрылды эшик алдына тура калган секретарь келинге. Ал шарт чыгып кетти. Анан ал Акунга карады:
– Бул үйдүн бошогонуна жарым айдан өтүп калды. Сизди таппай аттык. Бу маселенин чечилишине Жумгалбек Бектурсуновичтин өзү кызыкдар болуп турду. Мынакей ачкычыңыз, үйүңүз кут болсун. – Ал секретарь келин алып келген ачкычты Акунга сунуп, колун бекем кысты. Акундун жүрөгү булкуп алды. Кубанганынан көзүнө жылуу жаш ирмеле калды. Анысын жашыргысы деле келбеди.
– Чоң ырахмат сизге, Николай Васильевич, – деди ал кардыга чыккан үнү менен. Биринчи кабатка кандай түшүп, машинасына кандай келип олтурганын оңчулуктуу деле биле албай калды. Кар дале бапылдатып жаап жатыптыр. Терезе көрүнбөй калыптыр. Машинанын жылуулук берүүчү тетигин иштетип, лакылдап соккон жүрөгүн токтотуп, бир аз олтурду. Төш чөнтөгүнө салган ачкычты алып чыкты. Эки окшош ачкыч, анан кичинекей катуу баракчага жазылган үйдүн дареги бар экен. Өзгөчө бир асыл буюм тапкандай алакан отуна салып карап турду да, аярлай төш чөнтөгүнө салды.
Залдын аркы башындагы эшиктен чыгып келаткан Анара Акунду көрө коюп туруп калды. Кеткенине жарым саат боло электе кайра жетип келгенине түшүнө албай, утурлай басты. Демейде ооруканага кирбей машинасында күтүп олтурчу. Эми…
– Акун, тынччылыкпы, эми эле кетпедиң беле? – Акундун алдына келип, анын жүзүнө үңүлө карап калды. Ал кубанычын билдирбөөгө тырыша, унчукпастан төш чөнтөгүндөгү ачкычты алып чыгып Анарага сунду. Эч нерсеге түшүнө албаган Анара:
– Бул эмнең, – деп сурады.
– Ачкыч. – Акун үнүн жай чыгара, олуттуу компоюп койду.
– Ачкыч экенин көрүп турам, бирок эмненики?
– Үйдүкү.
– Биздин үйдүкү башка эле го. Табышмактатпай жайынча түшүндүрчү, Акун.
– Бул ачкыч бизге берилген жаңы үйдүкү. – Акун ар бир сөзүн таптап айтты. Анаранын жүзүжайнай түштү. Колундагы ачкычты кайрадан көңүл коё карап, кагаздагы жазууга көз жүгүртүп өттү. Анан көргөн көзүнө ишенбегендей, жөн эле тамаша кылып жатпасын деген кыязда тиктеди.
– Чын эле бериштиби, Акун? Же тамашалап жатасыңбы?
– Тамаша башка учурда болот да.
– Макоо десе. Жөн жооп берсең эми.
– Чын эле, бул ачкыч биздин үйдүкү.
– Ой-ий, чындап эле үйлүү болдукпу, Акун?
– Ооба, Анарка. Биздин эми өз үйүбүз бар. Куттуктаймын, кымбатым. – Ал Анараны кучактап өптү. Анара да көкүрөгүнө бекем кысты.
– Мына эмесе, Ромое менен Джульетта Шекспирдин доорунда эле жашаган экен деп жүрсө, биздин заманда деле бар турбайбы. – Тигил кабинеттен чыга калган Жамила экөөнө жагымдуу жылмаюу менен карады. Ал Анаранын жакшы курбуларынын бири, невропатолог эле.
– Туура айттың Жамиш, аларыңдан биздин эмнебиз кем эле? – Анара кандайдыр бир сыймыктануу менен айтты.
– Аның да туура. Бирок, түндө бүтпөй калган «ишиңерди» бул жерден уланталы дегениңерди кандай кабыл алсак. Же кабинетимди бошотуп берейинби? – Жамила шыңк эте күлүп койду.
– Желмогуз десе, эси-дартыңдын баары эле ошо. Кубанычтан жүрөк жарыла жаздап турса. Андан көрө сүйүнчү бер.
– Болсун, кубанычыңарга тең ортокмун. – Анын суроосун күтпөй эле:
– Акун үй алыптыр, ачкычы мына, – деди Анара жүзү жайнап.
– Ай-ий, эң сонун болгон турбайбы. Кут болсун. Акжолтой болуп, бала-бакыраңардын шаңына толгон үй болсун. – Жамила Анараны, анан Акунду кучактап өптү. Заматта залга ак халатчан адамдар толуп, экөөнү чын жүрөктөрүнөн куттуктап жатышты. Бул күнү ал экөө чынында эле абдан бактылуу эле. Үч күндөн кийин, февраль айынын бешинде шаардын Биринчи Май көчөсүндөгү 56-чы үйдүн экинчи кабатындагы эки бөлмөлүү, баардык ыңгайлуулугу бар жетинчи батирине көчүп киришти. Бул ал экөөнүн жаңы башталган үй-бүлөлүк турмушундагы алгачкы эң чоң жетишкендик болучу.
Деги турмуш дегениң кызык да. Бир карасаң – жылт эткен жылчыгы көрүнбөгөн түн. Да бир карасаң – шаңкайган асманда саамайыңа нурун төккөн жаркын күн. Кечээ эле ызгаардуу кыштын суугуна чыйрыгып тургансың. Ал эми бүгүн байкасаң – жаз мээрими көңүлүңө көрүнбөгөн канат бүткөрө алда кайда алып жөнөгөнүн туясың. Бул мезгилдин калыбынан жаза тайбаган, чаалыкпаган арымы. Жашырганда эмне, муну туйган бар, туйбаган бар. Туйбаган пендеге баары бир. Кыштын ызгаарына үшүп, жаздын аптабына жылынып коюп жүрө берет. Ал эми түшүнгөн жанга бул өзүнчө бир зор түйшүк. Анткени ал ошол арымдан артта калып, анын чаңына басырылып калбоого кудуретинин жетишинче аракет кылат. Бар мүмкүнчүлүгүн жумшайт.
Мындайлардын катарында Акун да бар. Ал жумушунан бошоп, бир нече жыл чогуу иштеп, жакын сезилип калган эмгек жамаатынан чыгып калганына ичтен сызып, кыйлага дейре коңултактап жүргөнүменен өзүн таштап жиберген жок. Ар кандай күтүлбөстүктөргө бышкан. Эми жаңы үйгө көчүп киргени санаасы бир ыңгай боло, көптөн бери артынан сая түшө албай келаткан чыгармачылык ишине чыгына отурду. «Өрүк гүлү» деген китеби чыккандан кийин жумушуна, ар кандай түмөн түйшүктөрдүн салмагына басырылып жүрүп, кыйраткан деле чыгармаларды жаза албаптыр. Чачылган кагаздарынын арасынан эки-үч аңгеме, жыйырмага жетпеген ырларды тапты. Кол тийбей чаң баскан машинкасын тазалап, жаңы лента салды. Ушундан тарта анын үйүнөн түндүн тээ бир оокумуна дейре жарык өчпөй, машинканын чыкылдаганы басылбай тура турган болду.

* * *

Бир адамдын турмуш жолунда канча бир күтүлбөгөн окуялар болуп өтөт дейсиң. Сырттан караганда ал анчалык деле мааниге ээ болбойт көрүнбөйбү. Качандыр бир кезде боло туруучу нерседей туюлат. Ал эми бүтүндөй бир зор мамлекеттин башына түшкөн өзгөрүш миллиондогон адамдардын жашоо-турмуш нугун өзгөртүп, тагдырларына өз таасирин тийгизет тура. Эч кандай күч ордунан козголто албоочудай сезилген айбаттуу өлкө өзүнөн өзү кулап калды. Кечээ эле түбөлүктүүдөй көрүнбөдү беле. Дүйнөдө мындан башка жакшы, сүйүктүү, адилет өлкө жоктой көрүп сыймыктанып, аны алыбыздын жетишинче даңктап, ай-асманга көкөлөтө ырдачу эмес белек.
Эми ошол дүйнөнүн алтыдан бирин ээлеген «темирдей ширелген союз» бир заматтын ичинде күр эте кулап түштүда, бытыраган майда мамлекеттерге айланды. Демейде бир нерсени куруу тирүүнүн тозогу болсо, ошонун эле өзүн кайра бузуштан өткөн оңой нерсе жок эмеспи. Анын сыңарындай ошол бытырап, чилче тараган зор өлкөнүн бир өңүрүнөн бөлүнүп чыгып, жаңыдан өз түндүгүн көтөрүп жаткан Кыргыз өлкөсү да кыйла өзгөрүүгө дуушар болду. Жасаганынан – бүлүндүргөнү, табылгасынан – жоготуусу алда канча арбынга турду. Мурдагы даңазасы таш жарган завод-фабрикалар көп өтпөй эле биринин артынан экинчилери жабыла баштады. «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» дегендей эле абал өкүм сүрдү. Мындайда не бир жел жетпеген шылуундар чыгат го. Айрыкча кызмат, бийлик тизгинин чойгон айрым кара жемсөө адамдардын күнү тууп, торгойлору кой үстүнө жумурткалап кирди. Алар өз элинин, өз жеринин жан кечти каракчысына айланышып, колуна тийгенин улуп-жулуп, тоноп киришти. Үйүр-үйүр жылкылар, короо-короо койлор жер жуткандай жоголду. Ар бир айылдын гаражында жайнап турган машина-тракторлордун сайда саны, же кумда издери калбай жым-жым болду да калды.
Ал эми колунда жок көпчүлүк карапайым адамдардын жашоо-турмушу кескин кыйындады. Айыл-кыштак жерлеринде картөшкө менен кара сууга күнүтүшүп олтуруп калгандар көбөйдү. Алда качан унутулуп калган талкан чай кайрадан эл аралай баштады. Алакандай калаанын базарларында, урунттуу көчөлөрүндө кайырчылар пайда болду. Жабылып, таланып тонолгон ишкана, мекемелердин жумушчулары ишсиз калышты. Кулакты шибеге менен сайып алгандай өөн угулган «кул базар» деген нерсеси чыкты. Күлгүндөй жигиттер, суйкайган келин-кыздар аны байырлашты. Турмуш аларды ушуга түрттү. Ушуга мажбурлады. Бир кезекте алы-жаныбыз калбай даңктап ырга кошкон социалисттик коомдун «бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн» деген көңүл жылыткан жакшынакай урааны СССР аттуу зор мамлекеттин урандыларынын алдында калды. Күчтүүлөр, колунда бийлиги, чөнтөгүндө калың капчыгы барлар менен алдым-жуттумдар алдыга чыгып, калгандары алардын көзүн караган мезгил келди. Коом көз көрүнө эки тапка жиктелди. Бул жиктин бир тарабында байлар болсо, экинчи тарабында жакырлар. Кыскасы, анчалык узак эмес мезгилдин аралыгында түшкө кирбеген, ойго келбеген өзүнчө табышмактуу да, коогалаңдуу да доор өз дооранын жүргүзүп жатты.
Мындайда жетим-жесир, жалгыз бой, майып адамдарды, алардын кечирип жаткан турмуш-тиричилигин айтып түшүндүрүү кыйын. Жарыбаган пенсиялары нанга да жетпейт. Ошондуктан жокчулуктун, ачкалыктын кекиртектен муунткан кесепетине туруштук бере албай өз жандарын кыйышка мажбур болгон майыптар арбыды. Алардын арасында Акундун жакшы тааныштары да бар эле. Мындай тагдырга тушугуп, өз өмүрлөрүн өз колдору менен кыйып кетишкендерине бир четинен түшүнө албай, экинчиден кабыргасы кайыша кайгырып, көзүнө жылуу жаш ирмелди. Эми аларга эч кандай жардамдын кереги жок эле. Анын үстүнө Акун кимдир бирөөгө жардам бере алмак эмес. Жылаңач-жыртык, ачка калбаганы менен өзү деле өп-чап турмушта жашап жаткан. Иштебей үйдө олтуруп калгандан бери Анаранын айлыгы менен өзүнүн чеке жылытпаган пенсиясы күнүмдүк тамак-аштан да артпай калчу болгон. Гезиттерден да мурдагыдай калемакы келбей калды. Өз учурунда бул да кыйла тыгынчык боло турган. Эми андан да үмүт үзүлдү…
Он чакты күн мурда баштаган аңгемесинин аягына чыга албай жатты. Эртеден бери болгону бир нече сап жазып койду да, ошол бойдон жылдыра албады. Көрүнбөгөн тосмого келип такалып калгансыды. Башына оңчулуктуу бир сүйлөм келбей койду. Буйруса бүгүн бүтөм деген ниетте эле. Болчудай эмес.
Ордунан туруп, уюп калган буттарын жазды. Терезенин жанына басып келип, сыртты карады. Көчөдө аркы-терки өткөн адамдар, машиналар. Бак-дарактар жашыл тарта баштаган. Ошентип кайрадан жаз келди. Баардыгы мурдагыдай, эч нерсе өзгөрбөгөндөй. Болгону терезенин алдындагы аялдамага келип токтоочу төртүнчү маршруттагы автобус эмнегедир адашып кеткендей. Анын бул көчөдө жүрбөй калганына үч жылдан ашкан.
Түштөн өтүп калган экен. Ашканага кирип, Анара даярдап кеткен чайды кайнатып ичкиси келди. Нан салган кутучаны ачты. Жарым бөлкө калыптыр. Аны Анарасыз жалгыз жеп алгысы келбеди. Анара ачка калчудай сезилип туруп алды. Негедир столуна олтургусу келбей, балконго чыкты. Анарага баргысы келди. Бирок, анын иштен бошооруна дагы эки саатча убакыт бар экен. Машинада май аз экендигин билип, ал эртең менен жөө кеткен. Жеткирип койбогонуна азыр өкүнүп кетти.
– Убара болбой эле коюуң го, Акун. Өзүм деле кетет элем да. – Чыга калган Анара анын жанына келди.
– Сен үчүн Мекеге чейин барсам да убара болбосумду билип кой, Анарка.
– Ырахмат, Акун. – Ал эңкейип оозунан өптү. – Эмне эрте келдиң? Али эки саатка чукул убакыт бар. Аңгемеңди жазып бүттүңбү?
– Жок. Бүткүл оюмду сен ала кетсең кайдагы аңгеме. Эч жаза албай койдум.
– Деле кой. – Ал мурдунан назик чымчып жагымдуу күлүп койду. – Бүтөөрсүң, бир аз эс ал. Олтурганыңа канча күн болду. – Ал бир азга унчукпай калды да, айланып келип машинага олтурду. Анан ойлуу тартып, Акунга олуттуу карады. Маанилүүбир нерсе айтаарында ушунтип кала турган эле.
– Акун, мен бүгүн декреттик отпускага арыз жаздым. Бу жердин айлыгы менен кыйналып калчудайбыз. Базарга чыгып, соодага өтпөсөм болбойт окшойт.
– Койсоңчу Анарка, курсак көтөрүп базарда олтурганды оңой көрөсүңбү? Кыйналып каласың. Буйруган нерсени көрө жатарбыз. Балким, мен дагы бир иш таап калаармын.
– Жок Акун, сен жазышың керек. Иштебей эле кой. Ден соолугум болуп турса ачка калбаспыз. Соодага чыгып көрөйүн. Эгерде ал жагы жакшы болуп баратса, анда биротоло ага өтүп алайын. Айлык менен кыйналып калчудайбыз.
Акун аны кыйлага чейин кыйыла карап турду. Курсагы бөрсөйүп, билинип калган. Мунусу шыңга боюна кандайдыр бир жарашык берип турат.
– Төрөгөнчө коё турсаң кантет?
– Сенин пенсияң менен олтуруп калсак кандай болот? Балага да даярдык көрүп коюш керек. Же бир ишенер, колдон-буттан алып кете турган кишилерибиз болбосо. – Акунду башынан сылай кучактап көкүрөгүнө кысты. Аялынын дүкүлдөгөн жүрөк дабышын тыңшап, бир саамга үнсүз олтурду. Бу көз ирмемдин көпкө созулушун ниетинде самап кетти.
Адатта «кыбыраган – кыр ашат» деп коюшат эмеспи. Бу да туура. Тирүү жандын кыбырап турмагы жөн. Анткени турмуш деген нерсенин өзү тыным билбеген кыймыл, жан үрөгөн күрөш. Айрыкча анын багытын, маңызын түшүнө билген жанга. Ал эми Анара дал ошондойлордун катарына кире турган. Анткени ал бул түшүнүккө заңгыраган тасма жол менен келип калган жок. Кезинде баардык курбуларындай эле анын да өз дүйнөсү, ошол дүйнөдө бажырайып ачылган гүл сымал ажайып тилектери бар болучу. Аны аздектеп асырап жүрүүчү. Ассоль (жазуучу Гриндин каарманы) күткөн ханзааданы кыялында ал да күткөн. Ал жөнүндө кандай гана таттуу ойлордун дайрасында чабак урбады дейсиң.
Бирок, тилекке каршы, кыял менен турмуш дайым эле эриш-аркак боло бербеген нерсе тура. Орто мектептин босогосун аттап чыгары менен жолу кыйчалыштады. Эзели жүзүн көрбөгөн тоолук жигит алакачып кетти да, кыялындагы баягы татынакай дүйнөсүн ташка чаап талкалап салды. Сезим отун жандыра албаган түркөй адам менен өмүр кечирүү болбогон нерсе экендигин көп өтпөй эле түшүндү. Анын кордугуна, көгала кылган муштумуна, көңүл сыздаткан ачуу сөздөрүнө жети ай араң чыдап баса берди. Адам кадырын билбес, жан дүйнө асылдыгын түшүнө албас күйөөнүн азабынан кутулду. Бирок, дагы бирөөгө тушукту. Эми көкүрөгүндө көңүл асманын кара булуттай чулгаган бир күңүрттүк, аңгыраган боштук пайда болду. Мунун салмагына туруштук бериш кыйын эле. Ошондой эт менен челдин ортосунда жүргөн мезгилде колуна капысынан тийген гезиттен Акундун өкүнүчтүү тагдыры жөнүндө жазылган макаланы окуп калды. Ага боору ооруду, кандайдыр бир көмөк көрсөткүсүкелди. Кат жазып жиберди. Баардыгы мына ушундан башталды. Төрт жылга дейре уланган кат алышуу экөөнү акыры сүйүүнүн гүл жайнаган кыраңына алып чыкты. Баягы кыялындагы ханзаадасын эми тапкансыды. Аны чын жүрөгү, бүтүндөй дили менен сүйүп, ал үчүн болгон-бүткөн ысык-суукка кайыл экендигин түшүндү.
Бирин-бири жалындап сүйүшкөн эки жүрөк үчүн ортодогу жолдун алыстыгы тоскоолдук деле кыла албайт экен. Жок, чынын айтуу керек. Канча кылган ата-бабасы мурда-кийин көрбөгөн, билбеген жерге кетип калуу кооптонтпой да койгон жок. Апасынан, бир туугандарынан күнчүлүк алыска кетүү ал үчүн оңой эмес эле. Бирок, ошол жакта жалгыз болмок эмес. Өзүнүн эң кымбат адамы дайыма жанында болмок. Көөдөнүндөгү сыздаткан жалгыздыкты, чыйрыктырган боштукту ал биротоло ээлемек. Ошондуктан жүрөктү өрөпкүткөн сүйүү сезими булардын баардыгын жеңип туруп алды. Алдыдагы кез келе турган кыйынчылыктар өткөндөгүгө караганда алда канча жеңил, андыктан оңой эле өтүп кете тургандай сезилди. Ырас, сүйүүдеген – сүйүү. Ал эми турмуштун өз чен-өлчөмү, алдынала болжоп биле албаган өз жолу менен мыйзамдары бар. Демек, көңүл түпкүрүндө майып жигит менен кол кармашып бирге өмүр сүрүү анчалык деле жеңил нерсе эмес экендигин сезген. Мойнуна кыйла салмактуу жүк илинерин билген. Антсе деле сүйүүү чүн учурунда деңиз тайыз көрүнөт тура. Мына, эми ошол жашынып жаткан кыйынчылыктардын башы кылтыйып көрүнө баштады. Кантмек эле, жашоо күрөшө билгендики эмеспи. Курсагына көз жара элек наристесин көтөрүп, жонуна баштык-үштүгүн көтөрүп базарга чыкты. Таң кылаяры менен башталган анын күүлдөгөн, көз ирмемге токтобогон жандуу турмушуна аралашты…
Түштөн кийин жамгыр катуулап кирди. Терезеге чабыла тийген тамчылар ийрелеңдеген из калтырып, төмөн кулашат. Баятан бери машинкасын чыкылдатып олтурган Акун ордунан туруп, терезеге жакын келди. Көчөдө адамдар сээлдеп калыптыр. Асфальт бетинде жамгыр суусу булак болуп ага баштады. Көптө барып басылчудай. Анараны бүгүн базарга чыкпай эле кой деп айтпай калганына өкүндү. Ал анын жаанга кие турган плащын желим баштыкка салды да, машинасын айдап базарды көздөй жөнөдү.
Анара базарга чыккандан тартып, Акун эшикке эки жолу чыгат. Эртең менен Анараны жүгү менен базарга жеткирет да, кечинде күүгүм ченде кайра алып келет. Күндүзү олтуруп алып, машинкасын чыкылдатуу менен алек. Аңгеме, ырларын жазат. Китеп, гезиттердин жаңы сандарын окуйт. Кечке чукул калган маалда тамак даярдайт. Керели кечке күндүн мээ кайнаткан аптабына какталып олтуруп талыкшып чарчаган Анараны алып келгенде бышкан тамак плиткада ысык бойдон турган болот. Ага кичине болсо да кол кабыш кылып, көмөгүн көрсөтүүнүн ниетинде. Мунусуна Анара да ичинен ыраазы. Бөкчөйүп олтуруп алып, тамак бышырып жатканын көз алды-на келтирип, кээде аяп кетет. Бир нече сапар «столуңда эле олтуруп, чыгармаңды жаза берчи, өзүм деле жетишем» деген болучу. «Кардың ток болбосо, кайдагы чыгарма» деп күлүп кутулган.
Жашыл жалбырак билинбей саргайып, акыры күбүлүп түшөрүн билбейт эмеспи. Анын сыңарындай, күнүмдүк майда барат түйшүк менен ыбырсып жүрө берип, мезгилдин кантип шуу коюп өтүп жатканын да аңдабай калат экен адам. Бу тиричиликтин кыймылы дегени ушу тура. Ошо кыймыл күндү– айга, айды – жылга тогоштура берет. Анара экөөнүн ушул үйгө көчүп киришкенине беш жылдан аша чааптыр. Анда шопоюп экөө гана эле. Эми төртөө. Бир кыз, бир уулдуу болушкан. Үй ичи топурап, наристелердин шаңына толот. Айылдагы кичүү уулу Максатты да колуна алып алган. Алмаз болсо интернатта окуйт.
Анара мурдагыдай эле базарга чыгат. Бул учурда ал соода-сатыктын аки-чүкүсүн айра таанып, жетишерлик тажрыйба топтоп алган. Баштагыдай беш-он сомдун көзүн карабайт. Сан түйшүктүү соода ишинин үзүрүн көрүп, кеңири кийинип, кеңири ичинишет. Ал тургай Акундун кичинекей машинасынын жанында кызыл «Москвич» пайда болгон. Аны Анара өзүайдайт. Кээде короодон экөө эки машинаны айдап чыгышат. Бул экөөнүн ийгилигине, ынтымагына, бири-бирине болгон сый-урматына кошуна-колоңдору көз артып, суктанып калышат. Ал эми жакшы санаалаштары алардын турмушуна чын дилдери менен кубанышканын жашырышпайт. Анаранын жумушун аз да болсо жеңилдетүүнү негизги милдетим деп эсептеген Акун көпчүлүк учурда балдар менен үйдө олтурат. Анын түйшүгүнө дагы жаңылары кошулган. Эми балдарды карап, аларга убагы менен чайын берип, кийинтип алып бир маал эшикке алып чыгат. Жөжүрөтүп ээрчитип нары-бери басат. Соода окуу жайынын калың багына барып, дүмүргө олтурат. Балдарынын кубалашып, шатыра-шатман түшүп, ойноп жатышкандарын көрүп, ичи элжирейт. Алар менен кошулуп ойноп кеткиси келет. Жараткандын ушундай бактыга тушуктурганына тобо келтирет. Бир эсе өзүнүн майып экендигин, кош балдак менен эптеп кыбырап жүргөндүгүн да унутуп коёт. Ооба, деги балдардын жарык маанайындай, шат күлкүсүндөй жүрөк эзилген ырахат бар болду бекен дүйнөдө? Кайда-ан.
Күндүзү билинбеген түйшүк менен алпурушуп атып, чыгармага олтурууга убактысы деле болбойт. Балдар жатып тынч алгандан кийин гана столуна барат. Түндүн тээ бир оокумуна чейин машинкасынын чыкылдаганы басылбайт. Төркү бөлмөнүн эшигин жаап алып олтурганы олтурган. Айрым кездерде эртең мененке чейин ордунан турбай жазып чыгат. Андай учурда Анара ооруп калбаса экен деген ниетте көзүн карап, кабатырлана берет. Балдарды бакчага берсемби деген ойго да келет. Бирок, ага Акун макул эмес, балдарынан карыш алыстагысы жок. Жазганга күндүзү мүмкүнчүлүгү жок болсо түнкүсү деле жетет. Ошентип олтуруп эле бир топ чыгармаларды жазып коюптур. Бир аз мурда жергиликтүү басмадан «Нооруз» аттуу көлөмдүү ыр китеби жарык көргөн. Ал анын экинчи китеби эле. Анын чыгышы Акун үчүн абдан кубанычтуу болду. Анын үстүнө шаардын акими Абдурехменова Асылгүл айымдын демилгеси менен бул китептин бетачар аземи өткөрүлдү. Зал толтура элдин алдында шаардык гезиттин редактору Мирзат деген жигит сүйлөп, Акундун тагдыры, чыгармачылыгы жөнүндө кеңири токтолду. Бир топ мактоо сөздөрүн арнады. Андан соң акимчиликтин атынан башына калпак кийгизишти. Үч-төрт мекеме, уюмдун жетекчилери, өкүлдөрүчыгып сүйлөштү, анын чыгармачылыгына болгон ой-пикирлерин билдиришти. Анан ар кандай белек-бечкектерин беришти. Анарага жоолук салып, бир чоң тутам гүл карматышты. Бул күн анын эсинен көпкө чыкпай, көңүлүнө учкул канат бүтүрдү. Чыгармачылык шыгына дагы шык кошулгансып, өзүнчө эргиди.

* * *

Күн кыңайып калыптыр. Акун ордунан туруп, уюп калган белин жазды. Таш бетиндеги алакандай сүрөттөр терең ойдун салмагына басырылгандай мелтирешет. Ким билет, балким алар Акунду аяп, ага боор ооруп жатышты бекен? Баса, анткендей Акун эмне, ошончолук эле байкуш болуп, адамдын боору ооругандай абалга жетип калдыбы? Капысынан келе калган бул ойдон ал селт этип алды. Анаранын жаткан жайын карады. Үйүлгөн топурак бозоруп, сырын ичине жашыра мостоёт. Негедир басырылып, кичирейе түшкөндөй. А балким, ошондой көрүнүп жаткандыр. Оор улутунуп алды да, үйдү көздөй басты.
Акун ойгонгондо, таң сүрүлүп калган экен. Туруп эшикке чыкты. Иниси короодогу малды тейлеп жүрүптүр.
– Жата турууңуз го, аба. Али күн чыга элек.
– Уйкум канып калыптыр. Эрте эле чыгабызбы?
– Чай-пай ичели аба. Келиндердин даярдыгы бүтүп деле калды. Баштык-үштүктөрүн салыштырганча бир топ убакыт өтөт го. Түшкө чукулдап барып чыгып калабыз.
– Мейли. Анда мен өйдө барып, куран окутуп келейин. Кайра качан келем, ким билет.
– Уйду бадага кошуп коюп, мен да барам аба. Турсунбай абам чыгам деп атты эле. Аа, тигине, келатат.
– Салом алейким, аба.
– Алеки салам. Жолго кайсы маалда чыгабыз?
– Түшкө жакын.
– Камынганча эле түш болот. Жазуучулар саат канчада келишет экен?
– Үчтө.
– Анда эртерээк кыймылдаш керек экен.
– Үлгүрөбүз аба. Баардык тамак-аштарын келиндер кечээ күнүэле даярдап коюшкан. Балдар отун жарып, мүшөктөргө салып коюшту. Он бирде машина келет. – Иса ишенимдүү сүйлөдү. Ал эми саалган көк уйду бошотуп, жогорку көчө тарапка айдады. – Силер баса бергиле, мен тигиндей чыгам.
Акун Турсунбай абасы экөө айылдын четиндеги бейитти көздөй басышты. Бүгүн асман шаңкайып, кыт чөккөн көлдөй көгөрүп турат. Көзгө илинер токумдай булут жок. Күн өтө ысык болчудай. Айылдан чыга бергенде мөңгүлүү тоолордун башын жаркырата күн кылтыйды. Анын али алсыз, уяң нуру бараткан жолго төгүлдү. Аны тебелеп, экөө ичинен тынган бейитти көздөй баратышты. Анда түнөгөн түндүн этегинен үзүлүп калгансыган эпсиз-жөнсүз көлөкөлөр бет алдыда караят.
– Мен бул жерде бир аз олтуруп турайын, силер баса бергиле, – деди Акун куран окулуп бүткөндөн кийин. Бозоргон дөбөчөнүн алдында чөк түшүп олтурган Турсунбай бурула берип, Акунду карады. Демин ичине тарта терең үшкүрдү. Инисине болгон аеону ушуну менен чыгарып алгысы келди окшойт.
– Мейлиң. – Ал көз учуна ирмеле калган жашын сүрттү. Акунду далысынан акырын таптап, эркелеткен болду. Анан туурулган колдору менен Акундун колун кармады. Үнү каргылдана чыкты:
– Өмүрдүн өксүгү– өлүм дейт, Акун. Ажалга чара жок экен. Көнбөскө арга кайда. Маңдайынан күн көрүнгөн келин эле. Жакшынын жаны морт болот бейм. Эми кайрат кылуудан башка колдон келе турган нерсе жок. Муну өзүң жакшы түшүнөсүң, Акун. – Ордунан туруп тизесиндеги чаңды күбүдү. Тигиндей жаткан балдактарды алып берди.
– Көпкө олтурбаңыз, аба. – Иса колтугунан көтөрө өйдө турууга көмөктөштү да, төмөн басышты. Баратып, анын да көзүн сүрткөнүн байкап калды Акун. Жүрөгүтыз этти. Көөдөнүнөн бир нерсе учуп чыгып, анын орду аңырайып бош калгандай коңултактай түштү. Ошол боштук ушул чөлкөмдү, ал тургай бүтүндөй айылды каптап бараткандай. Жан-дүйнөсүндөгү эми эле бүрүн ачып турган бир чырпык кырс эте сынып кеткендей алсыраганын сезди. Бак түбүндөгү кечээги күнкү жерге барып, бет алдындагы үйүлгөн молону карап олтурду. Ал – Анараныкы. Анын мындан аркы жата турган «үйү». Караңгылык менен жалгыздыктан бүткөн түбөлүктүү дүйнөсү. А балким, андай деле эместир. Караңгылык менен кошо жарык да бардыр?..
Бет алдыда акырындык менен күн көтөрүлүп бара жатты. Анткен сайын таш эстеликтердин чубалжыган күңүрт көлөкөсү билинбей кыскарат. Кудум өмүрдүн өзүндөй. Кызык. Бул салыштыруу мурда оюна да келбептир. Өмүр. Чын эле сен көлөкөдөй кыскасыңбы? Жок. Туура эмес салыштыруу. Неге дегенде көлөкө – күн менен батып, күн менен чыгат. Ал күн тийген жердин күкүгү. А өмүр андай эмес. Бир батып кетсе – бүттү. Анын кымбаттыгы, асылдыгы ушунда.
Атаганат, бул пенде дегениң ушуну учурунда сезип, учурунда баалай албайт турбайбы. Болбосо ар бир күндү, ал тургай ар бир саатты колдон учкан кушка айландырбай мыкчый кармайт беле. Тырмактын агындай болсо да пайдалуу урунат беле. Муну учурунда сезип, билгенде адамдар бирин-бирине башкача бир аяр мамиле кылып, бирин-бири аяп турушат беле. Бири-бири үчүн күйүп, биринин кымбат экендигин, асыл экендигин экинчиси түшүнүп, ошого жараша баалап, урматтап турушат беле. Чынында да колуңда жаркырап турган алтындын баркы өз наркында билинбейт тура. Качан гана колуңдан түшүрүп, жоготуп алганыңда тилиңди кырча тиштеген бойдон олтуруп калат экенсиң.
Акун азыр ушуларды ойлоп олтуруп, көзүнө жаш ирмеле түштү. Жок. Анын Анараны баалай албай, кадырлай албай калдым деп өкүнүүгө эч негизи жок. Аны менен жашаган он жылдын аралыгында анын көңүлүн оорутуп, гүлүн тепсеген жок. Колунан келишинче сыйлады. Анын да сыйын көрдү. Албетте, үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышат дегендей, кээде пикирлери келишпей, кер-мур айтышып кетишкен учурлары деле болбой койбоду. Ал тирүүлүктүн, үй-бүлөлүк турмуштун бир белгиси болот турбайбы. Бирок, азыркы замандын көпчүлүк эрди-катындарындай болуп чыркырашып, ыркырашкан жок. Бири-биринин көңүлдөрүнө шыргалаң суу себишкен жок. Кандайдыр бир жетишпеген жактарын чукулашып, жан сыздатышпады. Бири экинчисине аярлап, өбөк-жөлөк болуп турушчу. Бирөө бир жакка бара турган болсо экинчиси баардык жумушун таштап коюп бирге жөнөчү. Буга өздөрү да көнүп калышкан.
Антсе деле көңүлүндө бир күдүк, жетишпеген бир нерсе калгандай кыжаалат боло берди. Анын өмүрүнүн мынчалык кыска болорун билгенинде башкача болот беле. Андан өткөн аяр мамиледе болуп, ага өз учурунда айта албай калган жакшы сөздөрүн айтып, көргөзө албай калган сыйын көргөзөт беле. Алып бере албай калган шакек, иймектердин баардыгын алып берет беле. Ооба, ошентмек. Көзүнүн агы менен тең айланмак. Кээ бир учурларда аялдык кылып, дүрт этме мүнөзүменен бетке чапкан бирин-экин сөздөрүн кулак сыртынан кетирип коймок. Анан баягы отурушуна сөзсүз бармак. Аны ыйлатмак эмес. Негедир ошо көңүлүнөн чыкпай, чийки май жегендей болуп туруп алды. Кежир эшектей болуп ошондо неге кежелди экен.
…Ал күнү үйдө эле. Үч-төрт күн мурда баштаган новелласын улантып олтурган. Бирок, жарым баракка чукулдап келип эле токтоп калды. Андан ары жылдыра албай койду. Негедир ойлору чачырап, бир нукка келбей атты. Бир маалда Анара кирип келди. Жүзү жадырап, кубанычтуу. Демейде кеч бешим ченде келе турган. Мынчалык эрте келгенине таң кала карап калды. «Акун, базардагы чогуу соода кылган келиндер акча чогултушуп, сенин китебиңди куттуктап берели деп жатышат. Бир кафеге заказ берип коюшту. Жүрү, сени күтүп жатышат» – деди. Ошондо «Үмүт Жол» деген китеби жаңы чыккан. Эки-үч күн мурда базарга түшүп, тааныш келиндеринин баары сатып алышканын айтып келген. Эми ошол китептерине колтамга жаздырып алышмакчы экен. Анаранын жадыраган жүзүнөн ушуга кандайдыр сыймыктанып, кубанып турганын сезди. Бирок, эмнегедир мойну жар бербей, баргысы келбей койду. Машинкасына байлап койгон немедей, Анаранын өтүнгөнүнө, суранганына мойноп болбоду. Тырышып олтура берди. Мындан эч нерсе чыкпасын билген Анара бозала болуп чыгып кетти. Машинага отуруп баратып, кол жоолугу менен көзүн сүрткөнүн терезеден карап турду.
Ошентип, анын кубанычына шыргалаң суу чачып жиберди. Эмнеге антти? Ошого себеп бар беле? Азыр анын жаткан жайын мелтиреп карап олтуруп, ошого себеп боло турган бир илинчек таба албады. Ичи туз куйгандай ачышып чыкты. Неге барбадым экен, неге барбадым экен деген ой жүрөктүн кагышындай бир калыпта сезимине урулуп жатты.
Күн кыйла көтөрүлдү. Ага дал бет маңдай олтургандыктан заматта чекеси нымшып чыкты. Бактын наркы, көлөкө тарабына өттү. Кыйылган бактын дүмүрүнө көчүк басты. Бактын баштары жай, чаалыккандай термелип, билинер-билинбес шуулдайт. Бул чөлкөмдүн суз, жан сыздаткан арманын баян кылып жаткандай.
Бейиттин тигил тарабындагы алакан отундай ачык жерге шымаланган төрт-беш жигит жаңы жай каза баштады. Демек, дагы кимдир бирөөнүн өмүр шамы жалп өчкөн экен. Ким болду экен? Жашпы, же карыбы? Бирок, өлүм үчүн жаш менен карынын айрымасы кайсы. Баары бир жоготуу, баары бир өксүк. Эми бул кимге жаңылык дейсиң. Төрөлүүбар жерде – өлүм болот экен. Бул жашоо деген улуулуктун айныгыс мыйзамы. Ошо мыйзамдын ийри-муйру сызыгы менен соңку чекитти көздөй бет алып, анын алыс-жакынынан караманча кабарың жок декилдеп кете берет экенсиң. А соңку чекит дегени – дал ушул жерден коюлат.
Чукул жерден көрүнбөгөн чегирткенин чырылдаганы ойдон алаксытып жиберди. Эми байкады – баятадан бак арасында учуп-конуп, чурулдашкан канаттуулардын бир нерсеси жетишпей жаткан сыяктанды. Кыйлага көңүл коё тыңшап олтурду. Анан тапты. Торгойдун үнү жок экен. Бейит ого бетер томсоруп, суз тартып кеткенсиди. Акун өзүнөн өзү муунгандай, дем жетпегендей кыйналып чыкты. Башы айлана баштады. Балким, ачкалыктандыр. Кетүүгө ниеттенип, ордунан туруп көчүгүн күбүдү. Бул эмнеси? Кайдандыр алыс жактан бир даана эмес үн угулду. Акун бар дити менен тыңшады. Ал жакындап келатты. Мына, эми таанылды. Торгой экен. Бактын арасынан эмес, тээ ободон сайрап жатты. Ал башка канаттуулардын чырылдашкан үнүн басып кетти. Акун кайра өз ордуна олтурду.
Асман көк деңиздей тунуп турат. Жогору тигилип, канча көз талытып караганы менен торгойду көрө албай койду. Дал төбөдөн, чукул эле арадан сайрап жаткандай. Ал өткөндөгүдөй, кечээки күнкүдөй безилдеп кирди. Акундун бүт ой-дүйнөсүн ээлеп алды. Мүмкүн бул боз торгойго айланып кеткен эң кымбат, эң асыл адамы – Анарасы болуп жүрбөсүн? Ал ага кайрылып: «Акун, кымбатым, тагдыр бизди биротоло бөлүп таштады. Ага көнбөскө, башка салганын көрбөскө эч кандай чарабыз жок. Чыда, асылым. Эми менин жайым башка. Сенин жайың башка. Сен – тирүүсүң. Демек, алдыңда дагы бир кыйла баса турган жолуң, көрө турган күнүң бар. Өзүңө бекем бол, балдарыңа арка-жөлөк бол. Алар үчүн сен эми – ата дагы, эне дагысың. Калкалана турган, караан кыла турган саябан дараксың. Аларды ызгаардан калкалап, аптаптан сакта. Менин сага берип кеткен белегим – ошолор. Ушуга ыраазы бол. Артыма калтырып кеткен мурасым – ошолор. Турмуш жолунда басып өткөн изим – ошолор. Ошолордун өмүрлөрү узун болсун. Экөөбүздү өксүткөн тагдыр аларды эч өксүтпөсүн. Ушуну тиле, ушуну сама. Бейитти эми байырлаба, Акун. Ыраазымын сага. Жетишет. Эми сага тиричиликтин зылдай салмактуу жүгүтүштү. Көтөр. Майышып калба. Мөгдүрөп, башыңды жерге салып чөгүп кетпе. Билем, сен эрктүүсүң. Көтөрө аласың. Ошентүүгө тийишсиң. Неге дегенде сен – тирүүсүң. Балдарың чоңое элек. Жазыла элек чыгармаларың бар. Андыктан сен – жашоого тийишсиң. Бейитти байырлаба, бейитти байырлаба» – деп жаткансыды.
Жашоого тийишсиң. Негедир ушул ой көңүлүнүн түпкүрүнө мөлт этип чөгүп кеткенсиди. Анан ал аны кайдадыр жетелеп жөнөгөнүн сезбей калды…
Анаранын үйдө отуруп калганына эки айга чукулдап бараткан. Докдурга көрүнсө «сен эгиз төрөйсүң, кыйналып калышың мүмкүн. Андыктан базарга чыкпай, ден соолугуңа сак бол» – деген. Буттары шишип кеткендиктен ооруканага он үч күн жатып, дарыланып чыккан. Али төрөлө элек чүрпөлөрдүн ороо-чулгоосун даярдап, куурчактыкындай болгон көйнөк-кечелерин тигүү менен алек. Билинбеген менен бул деле кыйла түйшүк белем.
Акун үйгө түштөн кийин келди. Эшиктин алдынан тосуп алган Анара аны үмүттүү көздөрү менен карап калды. Акун тике карай албай жалтактады. Анын артынан Махаббат чуркап чыкты.
– Ата, акча алып келдиңби, – деди тизесинен кучактай берип.
– Жок кызым. – Акун өзүнчө мукактанды.
– Апам айтпадыбы, атаң көп акча алып келет, анан ун алып нан, көп тамак бышырам деп.
– Акча бүгүн болбой калды, каралдым. – Акун кызынын башынан акырын, айыптуу немедей сылады. Махаббат үмүтүнө суу себилгендей четке чыга берди.
– Эмне болду? – Эч нерсе айтпаса деле жолу болбой келгенин сезген Анаранын деми сууй түштү. Бул биринчи эле жолкусу эмес. Төрт-беш сапар барып, шылкыйып кайтат. Ага боору ооруп кетет. Эгерде мурдагыдай базарга чыгып турганында ошо акча өлүп кетсин деп жибербей эле коймок. Мындан эки жылга жуук мурда Акундун жаңы чыккан китебинен эки жүздү Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген Жанышка алып барып беришкен. Ал аны саттырып, акчасын жыйнатып берүүгө убадасын берген. Ошондон бери Акун күн алыс каттап убара.
– Эмки жумада чогулттуруп берейин дейт, – Акун шылкыны бош жооп берди.
– Өткөндө эле ушинтип айтпады беле. – Анара шалдая кайра тартты. Эки күндөн бери үйдө нан жок эле. Ар кимдерден беш-он сомдон сурап атып, карыздар да көбөйүп кеткен. Жаныш эки миң сом берип калса алардан кутулуп, бир топко тамак-аш кенелип калмак.
– Анара, сатыла элек товарларыңан калды беле, – деп сурады Акун дивандын четине олтуруп жатып.
– Бар, эмне болду?
– Эшиктин алдына коюп берсең, мен чыгайын.
Анара аны таң кала карап калды. Тамаша кылып, болбосо чын эле айтып жатканын түшүнө албай турду. А бирок, Акундун жүзүндө тамашанын кыпыны да жок болучу.
– Кыйналып каласың го. Анын үстүнө өмүрүңдө соода кылып көрбөсөң.
– Ким эле соодагер болуп төрөлдү дейсиң. Көнөмүн. Ар биринин баасын жазып бер.
Анара аны кучактап, башын төшүнө жөлөдү. Акундун колуна жылуу тамчы тып этти. Ал үн чыгарбай ыйлап жатты. Анан ийиндери солкулдап кирди.
– Койчу Анарка, бул кыйынчылыктан да чыгып кетебиз. Андан көрө буюмдарыңды ирээтте.
– Жылуу кийин, эшик суук. Селейип тоңуп калар бекенсиң? Балким, машинаны сатып жиберсек кантет?
– Шашылбайлычы, Анарка. Үч-төрт күн чыгып көрөйүн. Мүмкүн, соода болуп калаар. Баса, бул акчага балдарга нан алып бер, жолдон бир кишини сала келдим.
Нан дегенди угуп, баятан ыйлап олтурган Бекен ордунан тура калды. Эртең менен мүшөктүн түбүн кагып, муштумдай камыр жууруп, эки катырма жасап берген. Ал балдардын жумуруна жук деле болгон жок окшойт. Тепеңдеп жетип келген Бекенди алдына олтургузду. Бетинен өөп, негедир зээни кейип кетти. Балдарын ушундай абалга калтырам деп ойлогон жок эле. Же пенсиясын убагында берип турсачы.
Ошентип, Акун көчөгө чыкты. Эки кулачка жакын келген столго майда-барат буюмдарды жайып коюп, көчөдөгү нары-бери өткөн адамдарды карап олтурат. Чындыгында бул мурдатан башынан өткөрүп көрбөгөн жумуш кыйла ыңгайсызданууга дуушар кылды. Тааныш-туунуш адамдар келатса баш көтөрө албай төмөн карайт. Бирок, мунун эмнеси уят? Соода кылуу намыстуу ишпи? Албетте жок. Бул азыркы замандын жашоо үчүн зарыл болгон бир тетиги. Мурда карапайым калк үчүн эч белгисиз болуп келген жаңы тетик. Эми жан айласы кылып, нан таап үй-бүлөнү багуунун каражатына айланды. Аял-эркек дебей жапырт базарды көздөй бет алышты. Алардын арасында мугалимдер да, дарыгерлер да, ал тургай милиция кызматкерлери да бар. Окумуштуулук даражасы бар айрым адамдардын да базарда чүпүрөк-чапырак сатып олтурушу таң калыштуу эмес. Турмуш баардыгына көндүрөт экен да адам баласын. Демек, мындан тартынып, башты жерге сала турган жумуш эмес.
Түндө кеч жаткан Акун чочуп ойгонду. Таңга маал кө- шүлүп кетиптир. Түшүндө да жазып жаткан аңгемесиндеги каарман менен алпурушуп, тынч уктай албай эзилип чыкты. Башы ичкен немедей салмактанып калыптыр. Саат жети болуп калган экен.
– Бүгүн чыкпай эле койчу Акун. Эшикте кар жаап, бургуйлаган бороон болуп жатат. – Анара кийинип аткан Акунга карады.
– Тагдырдын бороонуна эле кайыга бербей, кыштын бороонуна да кайыгып көрүш керек. Ошондо жылуулуктун кадыры көтөрүлөт. – Ал көңүлдүү көрүнүүгө аракеттенди.
– Менин оптимистим. – Анара эңкейип келип аны бетинен өптү. – Деги сени оорутуп албасам экен. Жылуу кийин.
– Сенин жылуу сезимиң курчап турганда мага тийе турган кайдагы суук. Андан көрө чай-пайыңды тездет.
– Даяр. Тамак бышырып койдум. Бети-колуңду жуу.
– Качан үлгүрдүң?
– Түндө дайындап койгом.
– Көп күчүркөнө бербе, Анара. Кыйналып калып жүрбө. Эч жериң ооруксунбай элеби?
– Кудай сактасын. Азырынча жакшы элемин. Кабатыр боло бербе.
– Аман-эсен көз жарып алсаң, кыйналганың билинбей калат.
– Эгиз төрөгөн абдан оор болсо керек. – Анара жүрөк-заада болгондой Акунга жалооруй да, эреркей да карады.
– Кабатырланба, Анарка. Аялдардын чыныгы асылдары гана эгиз төрөрүн унутпа. Баардыгы жакшы болот.
– Тим эле… жаман кемпириңди жанга теңегиң жок.
– Албетте, бул дүйнөдө экинчи Анара жок.
– Кой эми эдиреңдебей. Анара аттуулар толуп жатпайбы.
– Бирок алар – сен эмес да. Сенин ордуңду баса турган Анара төрөлө элек, төрөлбөйт дагы.
– Болуптур, болуптур. Жүрү, тамагыңды ич. Сени чыгарып коюп, базардан эт-аш алып келейин. Сен соодага олтургандан бери куушурулбай, кененирек ичип-жеп калдык. Кечээ пенсияңды да алып келген.
– Жакшы болуптур. Машина менен барасыңбы?
– Айдай албайм го, рулуна курсагым тийип калды.
– Анда такси эле менен барып кел, болбосо кыйналып каласың.
– Макул.
Кар учурган бороон улуйт. Кар тоскогу бетке чабылып, моюнга кирип дене-бойду ичиркентет. Көчөдө өйдө-төмөн өткөн адамдар деле жок. Бүгүн чыкпай эле койсо болмок экен. Соодасы да болбой атты. Он чакты куту тамекиси, төрт-беш наны өттү. Буту селейип какшап чыкты. Ордунан туруп нары-бери басты. Бир аз жылыгансыды. Мурда эле ушинтпей деген ойго кетти. Басырыла элек карды кычыратып, өйдө-төмөн узагырак баса баштады. Мындай каткалаң учурда мезгил да жылбай, бир орунда токтоп калгансыйт белем. Караса саат араң он жарым болуптур.
– Ой, коммерсант! – Капысынан чыккан үндөн селт эте башын көтөрдү Акун. Кандайдыр бир ойдун салмагына басырылып отуруп жанына келген кишини байкабаптыр. Ал кошуна үйдө жашаган профессор Шайык экен. Ал киши улгайып калганына карабастан Акун менен жакшы мамиледе эле. Жакын санап, тамашалаша кете турган.
– Чочутуп алдым көрүнөт, же жакшы оюңдан алаксытып жибердимби?
– Эч нерсе эмес, Шайык аба. Салом алейкум. Ушул бороондо кайсы жакшы ой байырлайт дейсиз мени.
– Мунуң да туура Акун. Мындай кутурган итти байласа тургус ызгаарда сендей адамдын сагыз сатып көчөдө олтурушу, биздин коомдун трагедиясы. Бул үчүн биз уялышыбыз керек. Адам интеллектисин негизги байлык катары эсептеген чет өлкөлүктөр сендей таланттуу адамды бөпөлөп алмак. Ал эми биз, биздин чар учкандай сапырылган коом сени сени көчөгө чыгарып, көр-жерлерди саттырып койдук.
– Жакшы сөзүңүз үчүн ырахмат, аба. Эми коом деген катып калган статуя болбогондон кийин өзгөрүлөөр. Жакшылык алып келген күндөргө да жетербиз. Мындан жаман мезгилди деле башыбыздан өткөрбөдүк беле. Муну сиз менден жакшы билесиз го, аба.
– Сен оптимиссиң, Акун. Мага ушунуң жагат. Эч нерсе эмес, өзүң айткандай жакшы күндөрдөн үмүт үзбөйлү. Бирде жигит жөө жүрүп, бирде төө минээрин унутпайлы. Чыгармачылыгыңдын өркүндөй беришине тилектешмин, Акун.
– Чоң ырахмат, аба.
– Сенден бир соода кылып кетейин. Келе, тетиги шоколадыңдан үчтү бер. Небелерим алдымдан чуркап чыгышат. Өз балаңа караганда неберең таттуу көрүнөт экен. Баса, газетага сенин бир чыгармаң жарыяланыптыр. Жана университеттин мугалимдери окуп, жакшы пикирлерин айтып олтурушканын кулагым чалып калды.
– Кайсы газетте экен?
– «Заман жүгү» газетасынын кечээки санында. Андан бирди алдым эле. Сенде жокпу?
– Жок, аба. Мен уккан да эмесмин.
– Анда ме, мен башкасын алып алам.
– Ырахмат аба. – Шайык чоң папкасынан газет алып чыгып, Акунга берди да, жакасын кымтыланып басып кетти. Ал кишинин келип-кетиши кандайдыр бир жылуулукту пайда кылып, анын чыйрыккан жан дүйнөсүнө агылып киргендей болду.
Бир карасаң соода деген нерсе кумар оюнуна окшоп кетет. Ушул бир нерсе сатып алса экен деген үмүттө жакындап келаткан адамдан көзүңдү албай, саксактап карап турасың. Шыдыр өтүп кетсе шаабайың сууй түшөт. Анан тээ нары жакта келатканга үмүтүң илинет. Аны күтөсүң. Кан жол эмеспи. Кантсе да он кишинин эки-үчөө соода кылып өтөт. Ошентип кечке чейин чөнтөккө анча-мынча тыйын-тыпыр түшүп калат. Мына, Акун төрт күн чыгып, беш жүз сексен сом тааптыр. Ал эми Анара чоң базардан бир күндө мындан көбүрөөк тапчу. Ушуга да шүгүр. Негизгиси – балдарынын ачка калбаганына сүйүнөт.
Түштөн өтүп калган маалда Анара чыкты. Анын базардан кайтып келгенин көргөн.
– Кайыгып калдың го. Бүгүнчө жетишет, Акун. Үйгө кир, тамак бышып калды. Жылын.
– Бир аз тура турайын, соода эми жыла баштады.
– Жок. Үшүп кеттиң. Буйруганы болот. – Анара столдогу буюм-тайымдарды жыйыштыра баштады. Көк муштум болуп үшүгөн Акундун сүйлөөгө да оңдуу тили келбей калган. Антсе да ниетинде дагы кичине тура турсам, анча-мынча соода болуп калар деп атты. Ушул учурда Акундар жашаган подьезддин жанына бир машина келип токтоду. Андан бир жигит түшүп, подьездге кирип баратып, кайра тартты. Акундун жанына келди.
– Саламатсызбы?
– Саламатчылык, кел.
– Сиз Акун Асанкуловичсизби?
– Ооба. Эмне болду?
– Сизди шаардык акимиятка тезинен келсин деп чакырып жатышат.
– Тынччылыкпы деги, менде кандай иштери бар экен? – Ал өзүнчө кабатырлана түштү. Дегинкисинде ал чоңдорго, ар кандай мекеме-уюмдарга жардам сурап бара бербеген адаты бар эле.
– Биздин шаарда эларалык «Заман Кыргызстан» газетасынын областтык бөлүмүнүн ачылышы болуп жатат. Ошол салтанатка сизди катышсын, алып келгиле деп Абдурехменованын өзү жиберди.
– Анда кийинип чыгайын. – Акун үй тарапка басты. Жигит колтуктай жөнөдү.
– Жок байке, убакыт жок. Башталып калды.
– Ушул кебетем менен барганым уят эмеспи. Жыртык ботинкамды кийип алдым эле. Жок дегенде курткамды алмашып кийейин. Куучудай болуп…
– Эч нерсе эмес, жүрө бериңиз. – Ал бери бурулуп, алдыга тура калган машинага олтургузду. Акимияттын биринчи кабатындагы конференция залында эл жык толтура экен. Ал эшик алдында туруп калды. Бош орун көрүнбөйт. Жанагы жигит жетелеп, залдын төрүн көздөй басты. Кимдир бирөө тура калып, орун берди. Олтуруп жатып, жанындагы адамга көзү урунду. Жүрөгү туйлап кетти. Ал кишини телевизордон далай көрүп, радиодон үнүн угуп, китептерин башына жаздап окуп жүргөн. Бирок, жакындан көрө элек болучу. Ал кыргыз журтуна аттын кашкасындай таанымал окумуштуу, даңазалуу инсан Кусейин Карасаев эле. Ойлобогон жерден улуу адамдын жанына олтуруп калганына бир чети сыймыктанып, экинчи четинен жүдөгөн тайлактай болуп, жыртык-журтук кийимдерди кийип алган кебетесинен уялып, баш көтөрө албай атты. Өзүнөн өзү кысылып, муундарын майда калтырак басып жатты. Бул жерге аны эмне үчүн чакырышканына да түшүнө албады.
Залдын төр жагындагы секичеге алдыртадан көз чаптырды. Шаардын, областтын айрым жетекчилери, анан ортодо түрктөр, алардын арасында жазуучу Мурза Гапаров олтуруптур. Ал муну күткөн эмес. Буга бир чети кубанып, бир чети ага ушундай абалда көрүнгөнүнө бушайман болуп кетти. Бирок, эч нерсе кыла албайт эле. Заматта чекесиндеги нымшып чыккан терин акырын сүртүп, сүйлөп жаткандарга кулак төшөп олтурду. Алар бул шаарда «Заман Кыргызстан» газетасынын областтык бөлүмүнүн ачылыш мааниси, чакан областтын маданий турмушуна тийгизе турган таасири жөнүндө улам бири чыгып айтып жатышты.
Бир оокумда Мурза чыкты. Акун анын бул газетанын башкы редактору экендигин билүчү. Окуп жүргөн. Ал берки кишилерге караганда кыска, анан кыйла маанилүү сүйлөдү. Сөзүн аяктаган учурда Асылгүл Абдурехменова ордунан турду. Кол чабуулар бүткөндө бир аз сүйлөп келип, анан Мурзага карады:
– Урматтуу Мурза Гапарович, өзүңүз белгилеп өткөндөй эле, сиздердин газеттин бөлүмүнүн ачылышы областтыбыздын маданий турмушунда жакшы саамалык болду. Бул биздин чыгармачыл адамдар үчүн чоң өбөлгө болоруна шек жок деп ойлойм. Эми сизге тааныштырып кое турган бир белгилүү адамыбыз бар. Ал өзүнүн татаал тагдырына карабастан өжөрлүк менен көптөгөн чыгармаларды жаратып келе жатат. Эки китеби жарык көрүп, үчүнчүсүн жакында басмага тапшырып келди. Буйруса, анын колго тийип калары алыс эмес. Биз бул кишиге бере турган кичинекей белегибиз бар эле. Аны ушундай салтанаттуу учурда тапшырууну туура көрдүк. – Ал сөзүн бүтүп, эшик тарапты карап калды. Ушул учурда Мурза ордунан турду. Шыдыр эле Акун тарапты көздөй басты. Аны менен кол алышып учурашып, ал-жайын сурады. Анан колун анын далысына койгон боюнча акимге карады:
– Ырахмат, Асылгүл Барыктабасовна, сиздердин бу жигитке кылган камкордугуңуздар үчүн абдан ыраазымын. Чындыгында бул жигит ар тараптан колдоого алынууга татыктуу, таланттуу инсан. Адабий чөйрөдө кыйла белгилүү. Бирок, сиз бир аз кечиигип калдыңыз. Анткени мен Акун менен он жылдан ашуун убакыттан бери жакшы таанышмын. Тыгыз байланыштамын. Анын биринчи китебинин жарыкка чыгышына түздөн-түз көмөкчү болгомун. А кезге жазуучулар союзунун область боюнча адабий кеңешчиси элем. Акундун ошол китеби анын саамалык жыйнагы болсо дагы, окурман журту тарабынан жылуу кабыл алынган. Республикалык жана жергиликтүү газеталарда «Өрүк гүлү» китеби туурасындагы жакшы пикирлер жазылган макалалар жарык көргөн эле. Адабий чөйрөдө гана эмес, окурман журтуна да анын ысмы аздыр-көптүр белгилүү болуп калды. Аманчылык болсо Акундун далай жакшынакай китептерин окуурубузга ишенем.
Олтургандар кол чаап жиберишти. Ушул учурда эшик ачылып, эки киши чоң картон кутуну көтөрүп кирип, ичинен коляска алып чыгышты. Акунду ага олтургузуп, залдын ичине нары-бери сүйрөп, кайра ордуна келишти. Салтанаттын соңу ченде Кусейин ата чыгып, жалпы элге нөшөрдөй төгүлгөн ак батасын берди. Ушундан кийин бардыгы сыртка чыгып, эшик алдындагы тепкичтен сүрөткө түшүштү. Бу жерден да коляскада олтурган Акун Кусейин атанын жанында болуп калды. Жанагы жигит кайра үйүнө жеткирип койду. Эртеси бул окуя тууралу республикалык телевидениеден атайын берүү көрсөтүлдү. Улуу адамдар менен болгон ошол кездешүү анын эсинен көпкө чейин чыккыс болуп калды.

* * *

Адатта, чыдаганга чыгарган деп коюшат эмеспи. Кыштын чыкылдаган ызгаарына төшүн тосуп олтуруп, Акун акыры жадыраган жаздын мээримине бой таштады. Табигат да чукурана ойгонуп, жандана түштү. Ушул жолку жаз Акунга өз келбетин, өз жылуулугун гана алып келген жок. Аны менен бирге маңдайын жаркыткан кош кубанычты алып келди. Кыраңдын ачылган кызгалдагындай жайнаган эгиз кыздуу болду. Тагдыр ага жылмая карап, кош жылдызды бир учурда жандырды. Ушуга удаа эле жергиликтүү басмадан көлөмдүү ыр китеби жарыкка чыкты. Бул да өзүнчө бир чакан калаанын маданий турмушундагы жаңылык катары басма сөз беттеринде жарыяланды.
Адам пендесинин табияты ушундай: бир чокуга өлө-тала чыгып алып, айлананы карайт. Баардыгы алаканга салган сымал көрүнөт. А тигинде мындан бийигирек дагы бир чоку турат. Ал аны чакыра баштайт, кызыктыра баштайт. Демек, ага баруу керек. Тырмыша, жылмыша акыры ага да чыгат. Бу чокудан кыйла алыс жер көрүнөт. Тээтигинде мындан алда канча бийик аска асман тиреп турат. Эми пенденин көзүдал ошого тигилип, андан өтө баштайт. Акун да ошол пенденин бири. Аны бир чыккан чокусу алымсындыра албайт. Канагаттандыра албайт. Чыгармачылыкта тынымсыз кыймыл, изденүү машакаты, миң алакеттен өткөргөн түйшүгү жүрүп турат. Антпесе болбойт. Бир чокудан көргөнүңдү эле кайталап жаза берүү – токтоп калгандык деген нерсе. Чыгармачылыктын төтө жолуна түшүп, анын ысык-суугун өз мойнуңа алдым десең – дагы жаңысына, андан бийигирээгине чыгууң керек. Ошон-до гана жылыш болот, өсүш болот. Акун көпчүлүк учурларда өзүн-өзү мына ушинтип ишендирип, өзүн-өзү алга сүрөйт. Аз убактысы боло калса машинкасына олтура калат. Анара деле анын жазышына шарт түзүп берүүгө далбас урат. Балдарды өзү кароого, аны алагды кылбоого аракеттенет.
Чоку демекчи, кээде Акун арт жагына кылчайып, басып өткөн жолуна саресеп салат. Эмнеге жеткенин, эмнеге жетпей калганын салмактайт. Ооба, мындайынан алып караганда тагдыры наристе кезинен тартып ыдык көрсөткөн, алты санынан мүчүп кош балдакка күнү түшкөн бир бечара. Бул жарыкчылыкта бак айтпаган мусапыр жан. Болгон салмагын кош балдакка жүктөп, эки бутун сүйрөлтүп көчөдө «өлбө жаным, өлбө» болуп кетип баратса көргөндөрдүн көпчүлүгү дал ушундай ойлошот. Бирок ал бечара эмес, мусапыр жан эмес. Анын ушундай кулакка өөн учураган аныктамаларга сыйбай, андай чектөөлөргө моюн сунбай турган өзүнчө дүйнөсү бар. Дайыма алдыга сүрөгөн, жанына тынчтык бербеген максаты бар. Көз учунда күйүп турган үмүтү бар. Ал жашоо деген көз тайгылткан керемет дүйнөгө бекеринен келген эмес. Ага жөн гана конок болуп келип, конок болуп кетүүгө болбойт. Ошол дүйнөгө келдиңби, демек сен анын бир чырпыгысың. Чынар болуп өсүп, аптапта өз көлөкөңдү, ызгаарда калдайган көкүрөгүңдү тос. Сага далдалангандар арбын болсун. Аларга өз жемишиңди төк. Даамыңды татышсын. Анын таттуу болушуна тырыш. Сен жөнүндө жакшы кеп калсын. Жүрөктөргө жакшынакай бир үрөн сээп кет. Бул дүйнөдө бутка чалынган алабата, отоо чөптөр аз эмес. Ылайым ошолордун катарында калба. Ошондо гана жашоого жаңылыш келбеген болосуң. А жашоо деген нерсе ичип, жеш үчүн эле келе турган ашкана эмес. Жашоо – өзүңдү жалындата күйгүзүп, жарыгыңды адамдардын эсинде, сезиминде калтыруу деген кеп. А бул көрүнгөн пенденин үлүшүнө берилген бактылуу шыбага эмес.
Бул Акундун ою, анын ишеними. Мына ошол ишенимге биротоло берилип алган. Аны мындан ажыратып алууга мүмкүн эмес. Тынымсыз декилдеткен ушул. Ошонун деми менен, берген күчү менен тагдырынын далай тепкисине жыгылбай, далай тосмолордон төтө жол таап өтүп келе жатат. Ошондон улам өз мүмкүнчүлүгүнөн жогору турган кыйла нерселерге да жетти. Мектеп босогосун аттабай туруп, тамга тааныды. Жогорку билим албай туруп, журналистиканын, адабияттын теориясын, кыргыз, орус тилдерин «казды». Философия, тарых илимдери менен кеңири таанышты. Бул багытта ким менен болсо да сүйлөшүп, пикирлеше алат. Айылдагы орто жана сегиз жылдык мектептердин сырттан окуган айрым мугалимдери жөн жеринен ага текшерүү иштерин жаздырышкан жок. Колунан ушул иштин келерин жакшы билишкендиктен беришти. Болбосо кайдан. Кээ бирөөнүн дипломдук ишин да бүткөрүп берген. Бул бир четинен тигилерге берген жардамы болсо, экинчиден өзүнө көп пайдалуу жактарын сиңирип алды. Мурда билбегендерин билип алды. Билүү чөйрөсү кеңиди. Өз алдынча окуп деле тигил мугалимдердей билим алса болорун билди. Ал тургай алардын көпчүлүгү ал билген нерселердин көбүнөн куружалак экендиктерин түшүндү, ушуга таң калды. Бу да өзүнчө жетишкендик эле.
Жалгыз дарактын токой болбосу эзелтеден белгилүү. Ал эми жашоонун узак жолунда жалгыз адамдын сапары кандай болот? Байсалдуу, жемиштүү болобу? Буга жок деп кесе айтса болот. Айрыкча бир мүчөсүнөн өксүгөн майып адамдар үчүн кыйын. Өздөрү жашап жаткан коомдун толук кандуу мүчөсү боло алышпайт. Анткени анын турмушуна батыл аралаша албагандан кийин обочолонуп, койдон бөлүнгөн жат эчкинин абалында күн кечирет. Мына ушул азап. Эч кимге керексиз болуп, пайдасыз өмүр сүрүүдөн өткөн тозок болбосо керек. Анан да андайлардын үй-бүлө күтүп, өзүнчө түтүн булатып жашап кетиши ого бетер оор. Жашырганда эмне, мындай оорчулуктан, тагдырдын башка салган мүшкүлүнөн миңдин бири гана чыгып кете алат. Ошондойлордун бири Акун эле. Ал коомдон обочолонуп, адамдардан четте калбоого бардык мүмкүнчүлүгүн сарптап, далбастады. Турмуштан өзүнүн татыктуу ордун табууга тынымсыз күрөштү. Жанетти жеп, саамай чачын мөөнөтүнөн алда канча эрте агарткан ошол күрө-шүжемишсиз болгон жок. Үйлөнүп, үй-жай күттү. Бала-чакалуу болду. Дээриндеги анча-мынча шык учкунун тутандырган көшөргөн аракетинен, өжөрлөнгөн көктүгүнөн жаралган чыгармалары, басылып чыккан китептери аркылуу аз да болсо жумурай-журтка төбөсү көрүндү.
Эски тамдын төөнүн көзүндөй чүңүрөйгөн чаңдуу терезесинен тоону карап жалдырап отуруп, күндүр-түндүр эшек арабам болсо, анан ага түшүп алып көчөгө чыксам, жер көрүп, элге, балдарга аралашсам деп эңсегени дале эсинен кетпейт. Баланын тилегин берет дешет эмеспи. Бирок, анын бактысыз балалыгынын сезимге терең чөгүп калган ошол тилеги учурунда зарыктырып колго илинбеди. Аны менен кошо нечендеген татынакай үмүттөрү ташка тийип талкаланды. А бирок, ошол таттуу тилеги кеч болсо да кабыл келди. Эми эшек арабаны мындай эле кой. Ошого зар болгон Акундун бул күндө машинасы бар. Болгондо да – экөө. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Бул эми чынында көпчүлүк адамдардын маңдай теринен, кол жооруткан эмгегинен келе турган жумуш дечи. Эң негизгиси ал кыялында гана жашап келген сүйгөн адамын тапты. Ал да сүйдү. Анан тиричиликтеги баардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жарып өтүп, эки жүрөк бири-бирине жетти. Бул анын чыныгы, бөксөрбөгөн бактысы эле.
Анара менен болгон жашоо өзгөчө, мурункусуна эч окшобогон жашоо болду. Бозоргон чөлдөн жетелеп чыгып, кызгалдактары жайнап, мөлтүр булагы шылдырап агып турган бир ажайып гүлзар бакка алып киргенсиди. Андагы көңүлдү сергиткен сергилең абадан көкүрөк кере дем алгандай, жонундагы өмүр бою белин майыштырып көтөрүп келаткан көрүнбөс жүгүн жерге алып койгонсуду. Колтугунан сүйөп жүргөн кош балдагы алып учкан кош канатка айлангандай эргиди. Ооба, Анара – анын асман мелжиген керемет мунарасы эле. Анын бийиктигинде туруп, өзүн ушунчалык кудуреттүү сезип кетет. Тагдыр мүчүткөн бөксөсүн, өксүгүн Анара толуктап турат. Кээде бул жалган дүйнөгө жалгыз гана аны сүйүп, аны менен жашоо үчүн келгендей, өмүр ошол үчүн берилгендей туюлат. Ушул тагдырына ыраазы болуп кетет. Кайсы бир газетанын кабарчысы менен болгон маегинде: «Мен өзүмдү чыныгы, абсолюттук бактылуу адаммын деп эсептей албайм. Бул жалганда андай адамдардын болорлугу даркүмөн нерсе. Бирок, бактысыз эмес экендигимди так кесе айта алам» дегени бар. Буга ишенсе болот.
Бакыт. Дүйнөдө канча адам болсо – ошонун баары бул жөнүндө ойлошот. Бактылуу болууну самашат. Ошого жетүүнүн төтө жолун издешет, умтулушат. Деги, ошо бакыт дегендин өзүэмне? Анын заты кандай? Өңү-түсү, келбети барбы? Болсо кандай учурда, же кандай тетик менен көрүүгө болот? Андай тетикти адам акылы менен жасоого кудурет жетет бекен? Буга жооп бере ала турган пенде чыгабы? Ал эми Акун буга кандай карайт, анын ою боюнча бакыт деген эмне? Бир кезекте Акун өз тагдырын өз колу менен «жасап алгысы» келбеди беле. Мунусу «пенде маңдайына эмне жазылганын көрөт» деген эзелки пассивдүү түшүнүккө урулган сокку болчу.
Ырас, ооздон чыккан сөз аракет менен бекемделиши керек. А ал сөзүн талаага чача берүүчү жандардан эмес эле. Андыктан ошол убадасынын далайынын өтөөсүнө чыккан. Демек, бакытты деле ошентсе болбойбу? Болот. Буга ал бөркүнө ишенгендей ишенет. Жок, ал жөн гана сокур ишеним эмес. Анткени анын да далайын алаканын чор кылып, өз колу менен жасап алган. Таманына тикен ширелген жол менен жеткен. Тирүүлүктүн өзү – бакыт. Мейли адам мунжу болсун, карайлаган сокур болсун – бул жарыкчылыкка көз жарып келишинин өзү эле бакыт. Неге дегенде ошол адам терезесинде олтуруп ак таңдын жаркып атып келатышын көрөт. Көктөмдөгү гүлдүн бажырайып ачылганын көрөт. Бак-дарактын жашылга оронгонун көрөт. Андагы канаттуулардын шаңдуу чурулдашканын угат. Шаңкайган асман бетиндеги жымыңдашкан сан жылдызга суктанат. Толгон айдын сүттөй ууз жарыгына чөмүлөт. Самбиталдай солкулдаган жаш сулууга көзү түшүп, аны сүйөт. Жалжылдаган бир көз карашына арзыйт. Мына ушунун баардыгы өзүнчө бакыт. Себеби – жөн гана жаралбай калышың толук мүмкүн болучу. Демек, тирүүлүктүн өзү – бакыт. Муну түшүнгөн, билген адам эч убакта өзүн бактысызмын деп эсептебейт. Бул анын ою, анын көз карашы. Көөдөнүнө чөгүп калган ишеними.
…Жакын жерден шыбырт угулду. Акун шарт баш көтөрүп, төмөн жакты карады. Өмүрдүн тестиер эки кызы Махаббат менен Бекенди ээрчитип келатышыптыр. Махаббаттын колунда бир тутам гүл. Анысын аяр кармап, колтуктай көтөрүп алыптыр. Акырын барып, Анаранын бейитине койду. Бышактап ыйлап кирди. Эки кыз колтугунан сүйөй жөлөп тургузушту да, Акунду көздөй басышты. Балдарын көрүп жүрөгү зыркырап кетти. Экөөнү эки колу менен көкүрөгүнө бекем кыса, алмак-салмак саамайларынан жыттады. Көзүнөн мончоктоп жаш кетти. Аны токтотууга эрки жетпеди.
– Ата, сизди Иса атам чакырып жатат. Тез келсин, эртерээк чыгып кетели дейт, – деди Гүзел үнүн пас чыгара. Ал дагы жашылданып алган.
– Азыр кызым. – Чөнтөгүнөн бетаарчысын алып чыгып, өзүнүн, балдарынын көзүн сүрттү. – Койгула берекелерим, ыйлабагыла. Болду. Жакшы гүл алып келипсиң, кызым. Кайдан алдың? – Акун балдарын алаксытмак үчүн сурап койду.
– Айсулуу эжем сатып берди.
– Жакшы кылыптыр. Ырахмат ал эжеңе.
– Апам ушундай гүлдөрдү жакшы көрчү. – Махаббат бозоргон бейитти карап терең үшкүрдү. Акун ага көңүл кое карады. Шапайып, өңүнөн кыйла аза түшүптүр. Ушул каргашалуу бир нече күндүн аралыгында шайыр мүнөз, экинчи класста окуган ойноок кыз ушунча токтолуп, ойлуу тартып калганын эми байкады. Бала үчүн эне деген кандай кымбат. Кандай асыл. Эмне деген керемет. Энеден ажыраган баланын, айрыкча кыздын жан-дүйнөсүнүн бир өңүрү эңшерилип калат. Аны толуктай турган нерсе жок.
– Бүгүн үйгө кетебизби, ата, – деди алдында олтурган Бекен.
– Ооба уулум. Үйдү сагындыңбы?
– Сагындым. А апам да кетеби?
– Жок Бекентай, апаң эми кетпейт.
– Бул жерде калабы?
– Апаңдын эми түбөлүккө жата турган жайы ушул, балам.
– Эмнеге? Тетиги топуракты казса да чыкпайбы?
– Өлгөн киши чыкмак беле, сурай бербечи. – Махаббат тыпырайган колдору менен бөбөгүнүн чачынан эркелеткендей сылады.
Бекен бейитти көпкө жалдырай карап, ийнинен тынып улутунуп койду. Ал мындан ары апасын көрө албасына ишенип калгандай умсунду.
– Кайра качан келебиз, ата? – Махаббат муңайып сурады. Дале бейиттен, андагы гүлдөн көзүн ала албай жашылданып олтурган.
– Келебиз, кызым.
– Ошондо дагы гүл алып келем.
– Мен дагы, – деди Бекен ага кошулуп.
Акун ошент дегендей башын ийкеп тим болду. Көрүнбөгөн боз торгой дале безеленип жатты. Балдарын бооруна кысып, боз торгойдун эмне деп сайрап жатканын түшүнгүсү келгендей тунжурап олтурду. Эми анын үнү негедир мурдагыдай муңдуу, жүрөктү сыздаткан өксүктүү эмес эле. Мүмкүн ал ага кайрылып: «Акун, тагдыр ушул. Буга көнбөскө чара жок. Өлгөндөргө эми эч нерсенин кереги жок. Ал эми тирүү жандын жайы такыр башка. Дагы көрө турган күнү, баса турган жолу бар. Ошону ойло. Мүңкүрөбө, балдарыңды мүңкүрөтпө. Белиңди бекем байла. Жашоо үчүн, бакыт үчүн мурда экөөлөп күрөшкөнсүңөр. Эми жалгыз күрөшөсүң. Өзүң үчүн, өзүңдүн бактың үчүн гана эмес. Балдарың, алардын келечеги үчүн. Бактысы үчүн. Мына ушуну унутпа. Демек, жүгүң эки эсе оорлойт. Ушуга ар дайым даяр бол. Чыда. Өмүр жолу түгөнбөйт. Жашоо жолу түгөнбөйт» деп жаткандыр. Же Акунга ушундай сезилдиби?
Ал ордунан турду. Шыбактын ачуу, кермек даамы жыттанган абадан көкүрөк кере дем алды. Негедир жүрөктү мыжыккан ушул жерден тез алыстап кеткиси келди. Жөжүрөгөн балдарын ээрчитип, мостойгон бейиттин кыйшайган сынык дарбазасынан чыкты. Ичке көпүрөдөн абайлай өтүп, төмөн карай, калдайган бараандуу айылды беттеп кеткен чоң жолго түштү…
Чайыттай ачык асманды ээлик кылган боз торгой дале үнүн баспай безеленип жатты…

Каракол шаары. 6.01.02. – 12.02.04.

 

May 11

Роман-эссе..

0

Мусакун (Даанышман) САТЫБАЛДИЕВ.
Акын, жазуучу, публицист-котормочу. Ысык-Көл обулусунун борбору Каракол шаарында жашайт.

Б Е Й И Т Т Е Г И    Б О З   Т О Р Г О Й

(Биринчи китеп)

Ак жайдын капортосу. Ысык аптап демейде денеге чап жабыша тер куюлтуп, көзгө сүртөөр томуктай булуту жок чаңкайып турчу асман негедир бүгүн чаңыттап, боз түшүп турат. Дал төбөдөн кыйгай тийген күн күзгү жалбырактай саргайыңкы тартып, калың чаң баскан терезеден шыкаалаган уяң кызды элестет. Калдаң-калдаң эткен көлөкөлөр алдан тайыган көпөлөктүн канатындай жайыла берип, күңүрт көрүнөт. Теребел белгисиз бир күйгүлтүктүн салмагына майшып, адамдардын көз жаштарына ичиркенгендей ичтен тына томсорот. Ансыз деле жаңы казылган ак топурактын жылуу илебин сиңирип, думуктурган абага шыбактын кермек кычкыл жыты аралашып тамакты ачыштырат. Анын үстүнө бул чөлкөмдүн шыбактары да бөтөнчө, каңылжарды жарып кетчүдөй буркурайт. Мүмкүн ашкере жыш өскөндүктөндүр. Дегинкисинде мал жыттабас бул шордуу өсүмдүк жараткандын каргышына калгандан беш бетер жалаң бейитти тандап, бейитти мекендептир. Бутка чалынып, мал-жан канчалык тебелеп-тепсеп жатса да сынып, тапталып калбастан кайра өчөгүшө дүркүрөп баш көтөргөнүн айтпайсыңбы. Карап турсаң өлүм деген каргашанын өзүнө нааразылык билдирип, ага каршылык көрсөтүп жаткансып да кетет.
Анткени бул жер – бейит. Жашоо деген нерсенин абыгерчилигинен биротоло бошонгон маркумдардын тынч алып жата турган соңку жайы. Өлүм аттуу улуктун түбөлүктүү мекени. Бул адам пендеси өз эрки менен кадам таштабай турган обочо жай. Адамдардын бүтүндөй кайгы-касыретин чогултуп туруп, өз тулкусуна кыттай чөгөрүп алган сүрдүү чөлкөм. Этек-жеңи жайылган кенен айылдын жакасынан үзүлүп түшүп калган топчуну элестеткен мына ушул жерге бүгүн Акун да келип отурат. Адатта ат баспайм деген жерин миң басат эмеспи. Пенде баласы болгон соң дүйнөгө түркүк боло албайт экен. Чакан кудуктун суусу бөксөрө турган сыңары ошо пенде дегениңдин өмүрүда кемип, тозот экен. Түгөнөт экен. Курт жеген дарактай куурап отуруп, акыры карс сынып түшөт экен. Тиричиликтин бир ырасмиси – ошо өмүрү соолуган пенде баласына жай казып, анан чымчым топурак салып, соңку сапарына узатып коюу экен. Куран түшүрүп, бетке бата тартып коюу парз экен. Бу ар бир пенде баласынын мойнундагы парз. Муну бекем туткан Акун айрым туугандарын, жакындарын узатууга далай келген. Бул жакка «аны» менен бирге келип, жаңы үйүлгөн молонун алдына жашыра салып, көз жашын сызылта бир капталы бошогон боюнча «ансыз» кайткан.
Туура, өлгөндүн өз шору. А тирүүнүн күнү өтө берет. Демек, жоготуу бара-бара эстен чыгат. Жараланган көкүрөк айыгып, анын жогу унутулат. Анткени кеткендердин ордун келгендер басат. Бул жашоо деген түбөлүктүү айлампанын бузулгус мыйзамы. Анысы да туура дечи. Бирок, ушу жолку жоготуу Акун үчүн көгүлтүр асманы дал төбөсүнө кулап түшкөндөй болду. Ушунчалык кыйынчылык менен, жанетин жеп жүрүп куруп алган керемет мунарасы күтүлбөгөн жерден талкаланып, күкүмдөрү алдындагы жабылган табыттын ичинде жатат. Шымаланган жигиттер аны жаңыдан казылган жайдын кырына жакын алып келип коюшту. Акундун дени өлгөндөй андан көзүн албай жалдырап карап тура берди. Бут алдындагы жер акырын чайпалып жаткансыды. Эки колтугунан сүйөгөн кош балдагына канчалык салмагын салып, бекемирээк турууга аракет кылганы менен болбой жатты. Денесиндеги болгон кубаты аны таштап кеткендей алсырап, жыгылып баратты. Жердин өзү жантайып, бир капталына ооп бараткансый берди.
Кимдир бирөө кармай калып, арка жагынан колтуктай жерге олтургузду. Балдактары шагырап колунан түшүп кетти. Ага көңүл бурган жок. Эки көзү жабышып калгандан беш бетер табыттан ажырабайт. Анын ичинде Анара… өзүнүн Анарасы жатканына ишене албай, эч ишенгиси келбей турду. Биресе бул нерсе түшүндө болуп жаткандай да сезилип кетти. Жүрөк үшүн алган ушул коркунучтуу түшү бар уйкудан тез эле ойгонуп кеткиси келди. «Мени тезирээк ойготуп койгулачы, адамдар» деп дүйнөнү дүңгүрөтө кыйкыргысы да келип кетти. Бирок, минтүүгө шайманы жок эле. Анын үстүнө бул түшү эмес болучу. Пенде жашоосунун кадимки эле бир үзүмү болучу. Болгондо да анын, Акундун өз тагдыры, ал тарабынан өзүнө урулган дагы бир соккусу болучу. Бу эми канчанчы жолкусу болду экен? Эсинде жок. Аны азыр эстеп, санап олтурууга чамасы барбы, катыгүн. Негедир эки жаагынын булчуң эттери түйүлө берип, тиштери кычырай түштү. Кимге кекенет? Караан туткан асыл адамын жашырып алган табыткабы? Ажалга алы жетпей колунан жулдуруп жиберип томсоруп олтуруп калган өзүнүн алсыздыгынабы? Болбосо ушундай алаамат күнгө тушуктурган тагдырынабы?..

Тагдыр…Сен кимсиң? Деги сенин затың кандай? Бешенең кандай? Сени көп учурда мерез дешет. Таш боор дешет. Чын эле ошондойсуңбу? Сенин жылмайган учуруң ушунчалык эле сейрекпи? Неге ушундайсың? Эмне үчүн теңчилигиң жок? Бирөөгө гүлзар болуп өсүп берсең, да бирөөгө какыраган чөл, кыйраткыч көчкү болуп көчүп бересиң. Бирөөгө күлкү болуп жадырап жайнап берсең, дагы бирөөгө зар болуп, кор болуп, көз жаш болуп төгүлүп бересиң. Ушундай теңсиздигиң үчүн деги уяласыңбы? Же ушунуң өзүңө жагабы? Ушундан ырахат алып, көңүлүң тоёбу? Анда сенин тагдыр болгонуң кайсы? Эмне үчүн, кайсы айыбы үчүн Акунга мынча өчөгүштүң, түбүң түшкүр? Канчадан бери артынан такымдап сая түшүп келесиң. Эзелки кегиң бардай улам мушуңду көрсөтүп, буттан чалып мүдүрүлтүп келесиң. Бечараны канча жолу жыгылтып, бараткан сапарынан калтырдың. Канча жолу жанын сыздаттың. Эми боюн түзөп, баш көтөрүп калган кезегинде кайрадан минтип белге чаап, мөгдүрөтүп отурасың. Ушуга эле табаң канып көксөөң сууп калабы? Деги, бул сенин эмне деген жоругуң? Жок дегенде анда-мында бир ыба карап, жылмайып койсоң болбойбу? Мунуң дагы канчага созулат, качан куйрук үзөт? Деги ошондой күн болобу? Неге ушунча карарып, өчүктүң, тагдыр?..

Адамды өлтүрүүгө болот, жеңүүгө болбойт. Муну кайсы бир акылман айткан. Калетсиз сөз. Бул ушул жигитке гана багышталгандай сезилет. Неге? Буга сен жоопту басып өткөн өмүр жолунан табарсың. Жыгылган жеринен миң туруп, мертинген белин сүйрөп алып дале сапарда. Бир кызыгы бул – ал сага нааразы эмес. Сенден көңүлү кала элек. Жарык дүйнөгө жаралып калганы – анын бактысы. «Жаракчылыкка келбей калсам эмне болот эле». Бул анын сөзү. Туура. Ал жаралбай калган учурда сен эмне болот элең, тагдыр? Сен да жаралбай калмаксың. Анткени Акун бар үчүн сен барсың. Адам болгон жерде сен болосуң. Муну мойнуңа ал. Демек, мынчалык мерез, таш боордук кылганың жарабаган нерсе. Акун сага кекенип жаткан жери жок. Сенин соккуңан улам сыздап, өксүп жаткан жүрөгүн сооротууга, тынчтандырууга далбастап жатат. Кудай акы, чынында кыйын болду. Бели оңбогондой мертинди. Бул жолу кантээр экен? Баш көтөрүп, туруп кете алаар бекен? Карачы, ал азыр кандай абалда отурат…

Ооба, ал эки колу менен жер таянды. Колуна кере карыш өскөн коюу шыбак тутамдалды. Алдындагы жер дале токтобой көчүп жатты. Табытты жалдырай тиктеген көздөрүнөн жаш мончоктоп, анын арасынан көрүнгөн кишилер бир кызыктай тарбаңдап кыймылдашат. Табыттын жанында он чакты киши караандап бир нерсе кылып жүрүштү. Казылган жайдын ичинен кимдир бирөөлөрдүн башы сербең эте көрүнө калып, кайра жок болот. Кыбырап жүрүшкөн кишилер Акундун көз жашы менен кошо төмөн карай куюлуп, агып кетип жатышкандай сезилет. Баамдаса, чын эле адамдар өздөрү көз жашка айланып агып жатыптыр. Ошол агымга Акун да кошулду. Өзүн аябай жеңил сезип кетти. Ал кайдадыр майда, жумшак толкундарга аралашып, термелип агып баратты. Эмелеки көз алдындагы табыт, жаңы казылган жайдын жанында эрбеңдешкен кишилер, шыбак баскан бейит – баардыгы заматта көздөн кайым болду. Бир гана өзүнүн камгактай жепжеңил агып баратканын сезип атты. Кайда? Эмнеге? Бул суроолорго жооп таба албады. Табууга аракет кылганы деле жок. Келатып эле башы суудан көтөрүлө түшкөндөй болду. Анан кичинекей жер там, анын төөнүн көзүндөй чүңүрөйгөн терезеси көрүндү. Ал жерге жакын, жапыз эле. Анын кырына боортоктой жөлөнүп, сырт жакты карап үнсүз телмирип олтуруптур. Мына кызык, бул өзүнүн балалыгы өткөн (эгерде аны балалык деп эсептөөгө болсо) атасынын эски тамы болучу. Ал эчак бузулуп, ордуна заңгыраган беш бөлмө там салынган. Эң кичүү иниси жашайт. Мында кандайча, качан келип калганына түшүнө албады. Жөн гана жайдак короону, тээ алыстагы булангыр булуттар баскан тоолорду карап олтура берди. Күн сайын ушул көрүнүш. Чүңүрөйгөн терезенин катмарлана чаң баскан айнеги, андан көрүнгөн аңырайган жайдак короо. Андан нары огород. Дагы нары жакта үстүңкү көчө. Ошо көчөнүн чачкын үйлөрү. Көчөнүн нары жагында дасторкондой жайылган талаа. Андан жогору бир-бирине учкашкан боз адырлар. Анан андан нары башынан булут арылбаган залкар тоолор. Асмандын бир үзүмү. Аларды терезеден телмире карап олтуран Акун. Болгону ушулар.

Бул – Акундун сырткы дүйнөсү. А ички дүйнөсү – төрт дубал. Муң. Арман. Өксүк. Көөдөндөгү боштук. Жан дүйнөдөгү жалгыздык. Жашоо бул – алты сандын түгөлдүгү. Ден соолуктун чыңдыгы. Балалыктын бейкапар, чалкыган бейгам дүйнөсүндө оюн куруу. Буртулдаган чаңды жылаңайлак кечип, көчөнү тумандата чаңдатуу. Чыбык «аттарды» демиктире чымылдатып жарышуу. Курбулар менен моюндашып чогуу жүрүү. Кээде мушташа кетип, мурундарды канжалатып ыйлап келүү. Каалаган жакка жетип барып, каалаган нерсени кармалап көрүү. Көк муштум болгончо жылгаяк тээп, батинкени чылпылдатып, буттарды какшатып келип темир мешке кактай калуу. Кези келгенде мектеп партасына көчүк коюп, билим дүйнөсүнө баш багуу. Кыздардын сереңдеген чачтарынан тартып, бантиктерин жула качып ыйлатуу. Анан билинбей отуруп жаштыктын босогосуна баш багуу. Айлуу түндө дүкүлдөгөн жүрөктүн добушуна кулак төшөй, анын бар экендигин алгач сезип, дүйнөдөгү бирден бир сулуу, керемет кызды шынаарлай басуу. Калтыраган кол менен анын жалбырактай дирилдеген колун кармоо. Жүрөктөгү коркунучту жалындаган сезимдин кудуреттүү күчү менен басып, албырган бетинен өбүү. Эртеңки келе жаткан жаркын күндү жакшынакай тилек менен, шамдай жарык үмүт менен тосуу, аны күтүү. Ошол тилек менен үмүткө жетүү. Ата-эненин, эл-журттун, колдон келсе мекендин жүгүн аркалап, керекке жароо. Чыныгы жашоо – ушул. Башкача болушу мүмкүн эмес. Бул Акундун көз карашы. Анын ишеними.

Дал ушундай жашоо ага буйрубаптыр. Негедир тагдыры аны ыраа көрбөптүр. Түсүн үйрүп коюптур. Майыптыктын, өксүктүктүн тамгасын наристе кезинде эле басып коюптур маңдайына. Анын жарык дүйнөгө келиши да тагдырдын бир бөтөнчө тамашасы болуптур…
Көктөм айы. Кыш бою тизеден өтө чапкан кар эрип, айыл аралаган кол арыктарга батпай мөңкүй аккан кочкул суулардын шайманы кетип, күчүнөн пастаган. Кемпир-чалдын бутунан кепичин жыра талашкан көчөдөгү баткак кыйла тоборсуп, айрым көчөлөр кадыресе кургап калган. Айылдын үстүндөгү кеңирсип жаткан талаа да ак шейшебин чече, жаркын күндүн жылуу нуруна кактана белгисиз бир ырахатка баткансыйт. Көк буу көтөрүлөт. Өр таянган талаанын орто ченинде эс алып олтурган алп дөөлөрдү элестеткен Үч-Дөбөдөн жогору, Жууку суусун жакалай орун алган кырман бар. Ал төмөн жактагы айылдыкы. Аны «Чоң-Кырман» деп коюшат. Бирок, анча деле чоң дегендей эмес. Анан эмнеге андай аталып калганын ким билсин.

Ошол кырмандын тээ күн чыгыш капталында эртеден бери эрбеңдеген бир топ караан кериле кетмен чаап, талаа бетине арык салып, кулак байлап жүрүшөт. Алардын дээрлик баардыгы аялдар. Жеңил-желпи иш дегендери жалаң алардын мойнунда. Баса, жеңил болбой жемирен калсын. Бел созулта кетмен чаап, арык казуу тал чыбыктай ийилген назик жандын кыла турган иши эмес го, катыгүн. Арга канча, турмуш кысымына моюн сунушка аргасыз болосуң да. Батыштагы алоолонгон өрт өчүп, ажал издеп ызылдап учкан ок токтогон. Эми жыртыкты бүтөөнүн, бүлүнгөндү оңдоонун камында шымаланып, адам аттуунун баары жан үрөп иштеп жатышкан.
Алардын арасында Керез да бар эле. Ай-күнүнө жетип, көз жарууга чукулдап калган болучу. Эртең менен жумушка чыгаар маалда араларынан бир аял: «Сенин ыраңың азып, кыйналып турасың. Бүгүн жумушка чыкпай эле кой. Чыкканда эле кыйратып иймек белең. Талаага төрөп коёсуң», деген. Бирок, ага муюган эмес. Арыктын өзүнө бөлүнгөн жерин бүтүрүп коюп, жакага биротоло кетүүнү ойлогон. Жакага түшпөгөнүнө он беш күндөй болуп алган. Кечинде күйөөсү келип «алып кетейин» десе да көңүлсүнбөй койгон. Жумуштан качкандай болбоюн, деген ниетинде.
Эми ар бир шилтеген кетмени оорлоп, жерге араң эле жарымдап кирип атты. Бүт денеси талыкшып ооруп, бели сыздап чыкты. Чекесинен муздак тер куюлду. Жаны жер тартып, жаткысы келди. Аялдар андан бир топ алыстап кетишкен экен. Анын кыйналып чыкканын эч кимиси байкабады. Чыдачудай эмес. Кетменди арыктын кырына коюп, сендиректей басып төмөн – жаканы көздөй жөнөдү. Эптеп айылдагы үйгө жетүүнү көздөдү. Жуукунун күрпүлдөгөн суусун бойлой кеткен жалгыз аяк төтө жолго салды. Чоң жол кыйла алыс эле. Кыбырап жүрүп олтуруп, түш оой бергенде «Чоң-Кырмандын» оюна жетти. Айыл али алыс эле. Күн батканча Үч-Дөбөгө да жете албасын билди. Бараткан жолунан чыгып, төмөнкү таш жолго түштү. Колхоздун бирин-серин машинасы, же арабачан бирөө-жарым өтүп калаар деген ойго жетеленди. Жок. Көзгө урунган жан чыкпады. Барган сайын алдан тайып, толгоо чукулдады. Айласы кетти. Иштеп жаткан аялдар да алда кайда калышкан. Жыгылып кетпөөнүн аракетинде ар бир кадамын аяр таштап, жолдун төмөн жагындагы түзөңгө түштү. Качанкы бир кездерде казылып, эми чымга басырылып, көмүлөйүн деп калган эски арыкта жеңдей суу агып жатат. Нары басып, арыктын имерилген жеринен жалгыз түп чоң чий, анын этегине көрпөдөй жайыла өскөн көктөмдүн жашаң чөбүн көрдү. Ошол жерге барып кыңайды. Чий бир топ бийик экен. Кадимкидей көлөкө түшүп турат. Бул жер жолго да жакын эле. Өтүп бараткан бирөө сөзсүз көрмөк.

Күн чаалыккандай, барган сайын ылдыйлап баратты. Эки айылдын ортосундагы чоң кашатта Жууку суусу күңгүрөнүп, алда кимге жан сырын айткысы келгенсийт. Ит-Тиши тоосу тараптан желе-жорто келип, саамайдан жумшак сылап аткан сыдырым жылуу желаргы эми ансыз деле дарманы куруп олтурган келиндин чачын уйпалай баштады. Эми эле шаңкайып, тазалап койгон айнектей көгөрүп турган асман бе-тинде удургуган сур булуттар жылып келатты. Тоо этегиндеги боз адырлардан ызгыган чаң көтөрүлдү. Ал чалкайып жаткан талаага бет алды. Кыңайып калган күн чоң кашаттын наркы тарабындагы Кызыл-Жарга далдаланды. Айлана көлөкөлөй түштү. Ушуну эле күтүп турган немедей дыр эткен шамалдын бир үзүм эпкини келиндин башындагы бир байлам кызыл жоолукту жула качты. Буга өкүнгөндөй жалгыз түп чий дирилдеп кетти. Жоолукту кармап калууга умтулгандай башын ошол тарапка ийди. Барган сайын удургуган булуттар түрмөктөшүп, бири-бирин жөөлөшүп көбөйүп баратты…

Оо бир оокумда жалгыз түп чийдин түбүнөн «баа-а-а-аа…» деген наристенин үнү жаңырды. Ал кашаттагы күркүрөгөн добушка аралашып кетти. Кайдандыр жакын эле жерден торгой безелене сайрап жиберди. Ага дагы бири кошулду. Адыр тараптан келаткан чаңдуу шамал ушул шаңдуу добуштан жалтана түшкөн немече деми кайтып кетти. Ызгыган чаң жапырыла калды. Үч-Дөбөнүн үстүндөгү кара булутту жара тилген чагылган көз уялта жарк этти. Анан асмандан таш кулагандай күркүрөгөн добуш угулду. Ошол добуш наристе менен торгойлордун үнүн өзүнө сиңирип алды да, мейкин талааны аралай чаап жөнөдү.
Жаанга калмай болдум го деген коркунучтуу ойдон чыйрыгып, ымыркайын эски кемселине ороп, дарманы кеткен жаш келин жалгыз түп чийдин түбүндө бүрүшүп олтурду. Чий тынымсыз дирилдеп жатты. Аны караан туткан келин улам ага ыктап, жакындап коёт, наристенин бети-башын кымтылайт. Бул анын экинчи перзенти эле. Күйөөсү эркек бала көрсөм деп, ак эткенден так этип жүргөнүн жакшы билчү. Кудай анын тилегин кабыл кылды. Эркек төрөдү. Асанкул кандай кубанарын көз алдына келтире өзүнчө жылмайып алды. Ал азыр көл кылаасындагы Кара-Булуңда жер айдап жүрөт. Укса ошондон бери жөө чуркамак.
Кичинекей жалпак тамына тез эле жетип баргысы келип кетти. Жалаңдаган чагылган дагы бир жолу жарк этти. Жамгырдын алгачкы тамчылары тыпылдай баштады. Ушул учурда жогору тараптан шалдырап, арабанын келатканын укту. Сүйүнүп кетти. Негедир ого бетер шалдырай түштү. Ордунан турайын деп обдулуп, тура албады. Шамал жулмалап жаткан этек-жеңин кымтыланды. Араба тез эле жетип келди. Кырмандын сакчысы Бегалы абышка экен. Аны аялдар: «Керез жаканы көздөй кетти. Жолдо төрөп койбосун», деп жиберишиптир. Ымыркайын бооруна кыскан келинди жөлөп-таяп арабасына олтургузду. Кош ат чегилген араба төмөн бурулуп, айылды көздөй жөнөдү. Жалгыз калган чийди жапыра дуулдаган шамал келиндин чачын уйпалап, аттардын жалын сапырып өттү. Кубалашкан сур булуттарды чагылган дагы бир жолу жара тилди. Талаа көз ирмемге жарыкка тунуп кетти. Ошол жарыктын арасынан кош аттуу араба, андагы чүкөдөй абышка, ымыркайын кучактап олтурган келин көрүндү. Шамал менен чагылган узатып бараткан ошол ымыркай – Акун болучу…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Кимдир бирөө анын ийнине акырын колун койду. Ал селт этти. Табыттын жанында сереңдеп жүрүшкөн адамдар тынч алып, жүйүртө басып олтуруп калышыптыр. Молдо куран окуп аткан экен. Ийнинен сүйөй кучактаган иниси Акундан:
– Кыйналып турасызбы, аба? – деп акырын сурады.
– Жок, эч нерсе эмес. Ойлонуп кетиптирмин.
– Кайрат кылыңыз эми, аба. Өзүңүздүн ден соолугуңуз, балдарыңыз тууралуу да ойлонушуңуз керек эмеспи.
– Ооба, ооба. – Ал жүзаарчысы менен бетин жууп жаткан жашын сүрттү. Айланадагы адамдар окулуп жаткан куранга кулак төшөй тунжурашат. Жаш молдонун оозунан кырааты менен чыгып жаткан түшүнүксүз да, сүрдүүда сөздөр аларды кандайдыр бир терең ойдун түпкүрүнө жетелегендей. Өмүр. Анын ушунчалык кымбат экендигин, ушунчалык асыл экендигин, ушунчалык морт, анын ушунчалык назик, ушунчалык кыска экендигин адам баласы ушул жерден сезип туят. Акыркы сапарына кайткыс болуп кетип бараткан адам сага канчалык жакын экендигин, эми анын орду биротоло бош калгандыгын даана сезип, бир капталың эңшериле түшөт. Тагдырдын, өлүмдүн алдында пенде дегениң бир алсыз, эч нерсе колунан келбеген мажүрөө жан экендигин билесиң. Ошого каңырыгың түтөйт. Көзү барда ага башкача карап, башкача мамиле кылып, аздектеп, баалай албаганыңа, чындап кадырлай албаганыңа кабыргаң кайышат. Ичиң тызылдайт. Өзүңдүн ашкан кайдыгерлигиңе, өзүмчүлдүгүңө кыжырың келип, өзүңдүөзүң жек көрүп кетесиң. Бирок, мындан эмне өзгөрмөк. Карасаң – поезд эчак караан үзгөн. Бекетте шүмүрөйүп жалгыз турасың…
– Ата, апам тетигил жашиктин ичинде жатабы? – деп сурады бешке чыгып калган уулу Бекен.
– Ооба балам. Ошондо жатат. – Акундун үнүбуулугуп чыкты.
– Ага эмнеге жатып алды?
– Акырын балам, куран окуп жатканда сүйлөбөйт. – Бекен унчукпай калды. Акырын туруп табытты көздөй жөнөдү. Бирок, кимдир бирөө ага жеткирбей кайра кайрыды. Ызаланып келип атасынын алдына олтуруп калды. Мойнунан кучактады. Солуктап ыйлап жиберди.
– Ата, апамды тур дебейсиңби, жата береби?
– Апаң эми турбайт, каралдым. – Ал баланын кулагына акырын шыбырады.
– Эмнеге?
– Ал… ал уктап калбадыбы.
– Уктаса деле ойготпойсуңбу, бул жерде олтура беребизби? Апамды көргүм келип жатат. – Бекен ый аралаш сүйлөдү.
– Эми апаң ойгонбойт, балам. Шүк олтур, куран окуп жатканда сүйлөөчүэмес. – Бекен оор улутунуп унчукпай калды. Акун жер таянган колун көтөрдү. Уучунда бир тутам шыбак мыкчылып жүрөт. Аны таштайын деп, колун жаза албай койду. Карышып калыптыр. Муну байкап отурган иниси Өмүр колун ушалап, акырын жазды. Шыбакка булганган алаканын жүзаарчысы менен сүрттү.
– Кайрат кылыңыз аба, андан башка аргабыз жок. – Ал көз жашын көрсөткүсүкелбей тетири карап кетти.
– Ата, апам эмне үчүн ойгонбойт? – Бекен атасынан сурады.
– Ал… өлүп калбадыбы… Эми ал ойгонбойт. – Үнү кардыгып кетти. Уулун бекем кучактап бетинен өптү.
– Эми апамды көөмп салышабы? – Бекен бир нерседен коркуп кеткендей аптыга сурады.
– Ооба балам, антпеске чарабыз жок.
– Жок, апамды көмдүрбө ата-аа. Апамды көмбөгүлө. Мен апама барам. Апа-аа… – Бекен чыркырап ыйлап, тура чуркады. Өмүр артынан жетип көтөрүп алды да, тигиндей басты. Акундун муундары титиреп кетти. Көзүкараңгылап, кулагы чуулдап чыкты. Жер кайрадан чайпала баштады. Бет алдындагы ар кандай көлөмдөгү таш эстеликтер кыймылдагандай, катып калган орундарынан туруп бийлей баштагандай сезилди. Көзүн бекем жуумп, жер таянды. Кулагындагы чуулдак чыңк этип барып тунуп калды. Кайдандыр алыс жак-тан торгойдун сайраганы билинээр-билинбес угулду. Балким, каңырыш угуп жаткандыр. Ал башын бир силкип алып, жогору карады. Асман бозоруп, чаңыттап турат. Булут жок болсо деле күүгүм тартат. Ал жактан эч нерсе көрүнбөдү. Мына, дагы угулду. Жанагыдан жакындагандай дааналанды. Торгой экен. Анын үнүн укпай калганына канча жыл болду, так эсинде калбаптыр. Күрү-гүү түшкөн шаарда кайдагы торгой. Акун акырын кылчайып, арка жагындагы калың бакка көз чаптырды. Ушул бактарды мындан он беш, жыйырма жылдай мурда отургузушкан. Анда кулачка жетпеген сөөмдөй чырпык эле.

Эсинде, ошондо ал Фрунзеден келген. Эртеси күнү эле үйүндөгүлөр бейитке барып түлөө өткөрүп, бак тигебиз деп калышты. Акундун да баргысы келди. Атасы таап келген ат араба менен келип, туугандары казып даярдаган чуңкурчаларга улам бир чырпыкты түздөп кармап берип турган. Бейитти айландыра курулган тажиктердин сокмо дубалынын түбүнө узатасынан күнүкечке бак тигишкен. Чарчадың, эми олтуруп эс ал дешкенине болбой улам бир чырпыкты кармай берген. Аны инилери көөмп турушкан. Бул иш өзүнө да аябай жагып калган эле. Чекесинен тер чыпылдап, көңүлүнө канат бүтө көкөлөгөн. Мына эми ошо чырпыктар дүркүрөп өсүп, дүпүйгөн калың бак болуптур. Мезгил деген ушинтип салаалардан чууруган кумдай билинбей өтө берет турбайбы. Ата-энесинин жаткан жайлары да тээ жогору жакта калыптыр. Бир аз жылдар мурда эле бул жерлерди шыбак басып, ээн жатканын көргөн. Эми томсоргон таш эстеликтер кире беришке чукулдап калган экен. Тиги көпөкөлөнгөн бактардын баштарынан томуктай торгой эмес, калдайган каргалар көрүнө турган эмес. ээ 12Антсе деле молдонун коңур үнүнүн арасынан жанагы көрүнбөгөн торгойдун безеленип сайраганы угулуп жатты. Анын үнү Акунга кандайдыр бир кайрат берип, жүрөгүн ачыштырган күйүткө сеп болгонсуду. Кыйлага тыңшап турду. Негедир мурда бейиттен торгой сайраганын уккан учуру болгон эмес. Анын үстүнө бу жерге өтө сейрек келчүэмес беле. Мүмкүн анда байкоос албагандыр. Неси болсо да бул керемет үн аны оор абалдан тартып алгандай болду. Жердин чайпалганы да токтоду. Эми баардык дити көрүнбөгөн торгойдун үнүнө бурулду. Ал аны кайдадыр жетелеп жөнөдү…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Мурда Акундун дүйнөсү чүңүрөйгөн терезе боло турган. Эми борбор шаардагы чоң, кымгуут түшкөн оорукана. Мында биринчи сапар төрт жыл мурда келген. Сегиз айга жакын жатып, кош балдак таянып басып чыккан. Кийин дагы бир жолу келип, эки операция жасаткан. Бирок, тубаса дарт оңой менен күчүнөн тайып, оңой менен жеңилип бербейт көрүнөт. Баш-аягы беш операция жасалганы менен анча деле кубанаарлык өзгөрүү болгон жок. Буттары жакшы шилтенбей сундуйуп, эпке келбейт. Эки тизеси бүктөлүп, денесин көтөрө албай шалак дей түшөт. Фиксациялык аппаратсыз ордунан тура албайт. Бир буту экинчисине чалынып, мүдүрүлө берет. Антсе деле кыбырап эшикке өз алдынча кирип-чыкканына ыраазы. Дагы бир аз болсо да жылыш болуп калаар бекен деген илгери үмүттү туу туткан Акун көнгөн ооруканасына кайра келген.
Бир жарым ай болду. Он төртүнчү жазын ушул жерден тосту. Ооба, он төртүнчү жаз. Ошентип, ал он төрткө чыкты. Балалыктын күлгүн курагы. Бирок, ошо курак андан кыйгап, деги эле балалык деген нерсе ага караанын көрсөтпөй, наркы кырдан өтүп кеткенсиди. Анткени менен ошо курак анын жүрөгүнө өчпөс тагын калтырды. Адатта шамалдуу кырда өскөн жалгыз дарактын тамыры бекем болот. Анын сыңарындай, он төрт жаш Акун үчүн он сегиз жаштын салмагын көтөрө келгендей сыяктанды. Неге дегенде ал өз курбалдаштарына караганда алда канча токтоо, салабаттуу, зээндүү болучу. Бир нерселерди бат илип ала коё турган. Орусчаны да ушул жерден үйрөнгөн. Азыр кадимкидей сүйлөшө алат.

Ден соолуктун кадыры жан кейип, денең сыздап кыйналып турган учурда билинет. Бул Акунга бештен белгилүү. Ага жакында эле жетинчи жолку операцияны жасашкан. Белинен ылдый бутунун бармактарына чейин гипс. Буттары керебеттин эки жак капталына керилген. Колдору менен гана башы кыймылга келет. А денеси зылдай оор. Операциянын эртеси гипс оң тизесинин томугун кысып, жанын көзүнө көрсөтсө болобу, кашайгырдыкы. Кысканда эмне кыла алмак. Гипсти чечип ыргытып, же ошол жерин кесип салмак беле. Чыдайсың да аргаң жок. Эки-үч күндөн соң жаны жай ала түштү. Гипс кургаганда кеңигенсип калат. Кыскасы, «дай морфи», деп кыйкырган учур өтүп кетти. Морфи – денеге укол менен жиберилүүчү күчтүү дары. Наркотикалык заттарга бай келген- диктен ооруну бир канча убакытка чейин басылтып коёт. Бирок, аны төрт, алты сааттан гана бирден куят. Аны алгандан кийин жан сыздаткан оору басылып, дене жайылат. Жан жыргай эле түшөт. Мемиреп, өзүңчө көшүлүп уйкуң келет. А жатканда күндүн, жада калса сааттын өтмөгү өзүнчө азар. Мезгил бир орунга токтоп калгандай сезилет.
Акун жаткан палата экинчи кабатта. Терезенин түбүндө жатса да көчө көрүнбөйт. Бактардын баштарын карап жата берет. Күз келип калгандыктан жалбырактар саргайып, жел жүрсө дирилдеп сабагынан үзүлүп түшөт. Терезенин түбүндөгү барпайган калың бак күн өткөн сайын комсоо тартып, аянычтуу болуп баратат.
Палатада сегиз киши жатышат. Улуусу Райым деген кырк бештерге келип калган адам. Такыр баса албайт. Ушул убакка дейре эмне үчүн доктурларга көрүнүп, дарыланбаганына Акун түшүнбөйт. Ким билет, балким дарылангандыр. Деги кызык киши. Палатадагылар менен ооз ачып сүйлөшпөйт. Бирөө суроо берсе кыска, кесе жооп берип, тескери карап жатып алат. Анан керээли кечке өзү менен өзү шыбырап сүйлөшүп жата берет. Кээде өзүнчө ыкшып күлүп, көпкө эс ала албай калат. Акун аны биринчи көргөндө чочулап, коомайсып жүргөн. Бара-бара көнүп, азыр көңүл бурбайт. Түнкүсүн дайыма тишин кычыратып, адамдын уйкусун бузуп чыгат. Кой дегендерге көңүл буруп да койбойт. Жедеп буга көнүп бүткөн болуш керек.
Ага окшоп баса албаган дагы бир киши бар. Аты – Жолдош. Комузду жакшы чертет. Айрыкча «Көкөй-Кести» күүсүн черткенде палатадагылардын баары тунжурап, ойго батып калышат. Өзү да терең ойго сүңгүп, жүзү катаалдана түшөт. Көздөрү терезеден өтүп, тээ алыска тигилип мелтирейт. Ошо алыстыктан бир нерсени күткөндөй жашылданып, жаактары карышат. Ушул күү менен өз арманын, жүрөгүндөгү уюган кайгысын, тагдыр өксүгүн баяндап жатканын Акун сезет. Күү Жолдоштун гана эмес, өзүнүн да бактысыздыгын айтып жаткансыйт. Зээни кейийт. Ал алыскы Жаңы-Жолдон келиптир. Айтымына караганда он эки жашында сөөк ооруга чалдыгып, ошонун залдарынан баса албай калган. Каралашаар, күйүмдүү туугандары деле жоктой. Бу жерге келгени жети-сегиз ай өттү. Ошондон бери бирөө келип ал-жайын сурап койбоду. Эки-үч курдай жазган катына жооп болбогон соң, жазганды да токтотту. Бир сапар оор улутунуп, жакшылыктан үмүт үзгөн адамдай, кайдыгер гана кобурап койду:
– Издеп алаарым болбогон соң… Менин аларга керегим канча. Эбак түңүлүп коюшкан да. Болбосо алакандай кагазын аяп эмне. Тагдырың түшкүр, ушундан көрө жарыкчылыкка келбей калсам эмне болмок…

Ооба, адам тагдыры ушунчалык татаал. Жашоого бири кумар, бири кайдыгер. Деги, жашоо дегендин өзү түгөнбөгөн күрөштөн, айыгышкан карама-каршылыктан куралган окшобойбу.
Мезгил акырындык менен өтүп жатты. Кыш келип, айлананы ак карга бөлөдү. Бак-дарактар ак тон кийишти. Акундун гипсте жатканына эки жарым ай болду. Врачтар «дагы он беш күнчө жата тур, анан чечип, жоон санга чейин гипс салабыз. Ал кургагандан кийин басасың», дешти. Ошол күндүн өтмөгү ал үчүн жылдай сезилди окшойт. Чынында бир нерсени көксөп күткөндө убакыттын өтмөгү тозок. Зарыгып кетесиң. Эки жарым айдан бери былк этпей керебетте жатып, жарыкчылыктын кадыры сезимине терең сиңгенсиди.
Мына, көксөп күткөн мезгил да келип жетти. Бүгүнкү обходдо Акундун денесиндеги гипсти чечмей болушту. Денесин кыймылдатпай какайткан «кишенден» акыры кутулаар күн келди. Мында ал туптуура үч ай жатты. Кыймылсыз жатуу көкөйгө көк таштай тийди го, чиркин. Адам баардыгына көнөт дешет. Чындыгы бардыр. Бирок, бул мезгилдин ичинде кыймылсыздык менен такыр келише албады. А такыр жатып калгандар кантип чыдашат болду экен? Райым менен Жолдош кантип чыдап келди экен? Ал эми жетинчи палатадагы Зулайка эжечи? Ал жыйырма төрт жылдан бери баса албай, өмүрүн төшөктө өткөрүп келе жатыптыр. Дарты өтүшкөн шал, демек бул айыкпас дарт.
Атаганат, адамдар эмне үчүн ушундай жаман дарт менен оорушат? Же алар жаман адамдарбы? Бирок даң салып жүргөн адамдардын арасында Кудайдан жөө качкандары азбы? Эмне үчүн алар оорушпайт? А ошо ооругандардын ичинде жакшы адамдар азбы? Зулайка эжени эле айтсаң. Акун аны мурда, операция боло электе көргөн. Анын палатасына көп барчу. Сөздөрү орундуу, эстүү киши. Анын жанында олтурууну жакшы көрөт. Өткөндө ал өзү тууралуу айтып берген. Адаттан тыш эрте – алты айлык кезинде басып кеткен экен. Алты жашында ушул каргашалуу дартка кабылыптыр. Аны угуп олтуруп, Акун жарыкчылыктын кадырын баалап, жашоого ушунчалык кумаркечтигин байкаган.
Гипсти чечип, жаңысын салышты. Мунусу жоон сандан ылдый. Адеп баш көтөргөндө жер көчүп, жүрөгү айланды. Мас немедей башы тегеренип, кускусу келди. Керебеттен турса эле кулап кетчүдөй. Күнү кечке чалкасынан жатып, башын жогору көтөрүп, кайра түшүрүп жатып, акыры айлангаганын басты. Эртеси сестра менен нянканын жардамы менен биринчи жолу өйдө турду. Экөө палатанын ичинде тушоосу кесиле элек наристедей жетелеп жүрүштү. Эки күн өткөндөн кийин кош балдак менен өзү баса баштады. Эгерде бирөө андан: «жашоонун ырахаты эмнеде?» деп сураса буйдалбай туруп «басууда» демек. Балким, бул башкалар үчүн бир жактуу, тар мааниде айтылгандай сезилер. Албетте, жашоо ырахатын, өмүр кумарын ар ким ар башка – интеллектуалдык деңгээлине жараша кабыл алып, ошого жараша баалашаары белгилүү эмеспи. Эл оозунда: «бири ичээрге суу таппаса, бири кечээрге кечүү таппайт» деген макал бар го. Акундун пикиринде дени сак адам – бактылуу. Себеби анын колунан баардыгы келет. Кааласа булут түнөгөн тоого чыга алат. Кааласа заңгыраган там салат. Бак тигет. Болбосо жайкалган көк шиберди аралай чуркап, көз жоосун алган гүлдөрдү тере алат. Акун аттап өтө албаган кол арык ага кеп эмес. Акун эшик алдындагы кичинекей тепкичтен чыга албайт. Ал болсо бешинчи, онунчу кабатка ойноп чыгат. Өз ишин гана эмес, жалпы элдикин аркалай алат. Андай адам өз бактысын өз колу менен жасап ала алат. Демек, басып жүрүүнүн өзү эле бакыт эмеспи.

Палатанын ичинде нары-бери басып жүрдү. Бутунан «топ-топ» деген кулакка өөн үн чыгат. Себеби бутунда кагыйдай кургаган гипс. Анын үстүнө басууга ыңгайлуу болсун үчүн тамандарына келки жыгачтан туура коюлуп гипстелген. Ошондуктан согончоктору томпоюп, аялдардын шиш такасына окшош. Бутка кийип алууга кленка баштык жасап беришкен. Басаарда ошону кийип алат. Мунсуз бастырышпайт. Не дегенде полду булгап коёт, а жатканда кир болгон гипс шейшепти булгайт.
Акун терезеге барып, сыртты карады. Бүгүн күн ачык. Анын нуру апакай карга чагылышып, көздү уялтат. Жолдон адамдар, машиналар тынбай өйдө-төмөн чубашат. Ар бир өткөн автобус, троллейбуста тыгылышкан эл. Оорукананын дал маңдайында аялдама бар. Ошондуктан бул жерден күндүр-түндүр эл аягы суюлбайт. Мына, жык толгон дагы бир автобус келип токтоду. Бири чыга албай жатса, экинчиси ичине кире албай бирин-бири жөөлөшөт. Кызык, ушунча кишилер кайда, эмне үчүн баратышат болду экен? Алардын ар биринин бараткан максаттары ар башка. Көпчүлүгү жакшы үмүттү, жакшы тилекти аркалап алып, ошонум орундалса экен деп баратышкандыр. Балким, кимдир бирөө кара ниет, жаман максат менен бараткандыр. Андай болушу да ыктымал. Жер бетинде канча адам болсо – ошончо мүнөз, түшүнүк, ой-максат, көз караш, пейил, ыйман бар эмеспи. «Мен деле көчөдөгү кишилерге кошулуп, жек көрүмчү балдаксыз басаар бекем» деп ойлоду. Негедир ушул ойдон маанайы пастап, көңүлү чөгүңкү тартты.
Короодо бир кыз жыйырма экинчи палатадагы кыздарды сүрөткө тартып жатат. Алардын арасында травматология бөлүмүндө жаткан Каныбек да жүрөт. Аларды карап туруп Акундун да тышка чыккысы келди. Карга жатып, бир оонап алса кандай жыргал болот эле. Тышка чыкпаганына төрт айдан ашып калган. Бирок азыр чыгууга болбойт. Анчалык алыс баса албайт.
Кечке жуук залга чыкты. Жаңы телчиккен баладай кадамдары жай, ишенимсиз. Буттары колдоюп, дале эби-сыны жок. Акырын кыбырап олтуруп, араң дегенде залдын ортосуна жетти. Бул аралык анча деле узак эмес. Ошетсе да чекесинен тер чыпылдап чыкты. Чарчаганын туйду. Ушунча убакыттан бери кыймылсыз жатып, ошо тажатма абалдан эми кутулганына көңүлү өрөпкүп, белгисиз кубаныч жүрөгүн кытыгылайт. Чаалыкканына кайыл болуп, узакка-узакка баскысы келет. Чекесинен терин мончоктотуп залдын ортосуна жетти. Ал жердеги эски диванга олтурду. Бүт денеси нымдалып, майда калтырак басып турду. Буга ал кайыл эле. Кечинде телевизорго чейин барып, кино көрөм деген ойдо болду. Ал залдын тигил башына коюлган, буйруса бүгүндөн тарта кино көрө баштайт. Гипсте жаткандан бери эки гана жолу телевизорго келген. Тура албагандарды кез-кезде каталкага салып телевизорго, жайкысын эшикке чейин алып чыгышат. Эми ал каталкага күнү түшпөйт. Каалаган учурунда келип кино, же концерт көрөт. Ал канагаттануу сезими менен чалкалай олтурду. Терин сүрттү. Ары-бери өткөн тааныштары менен көңүлдүү учурашып коёт. Алар да анын ал-жайын, качан турганын сурашып, кубанычына ортоктош болушкандай жылмайышат. Мында олтуруп, мурдагы тааныгандары азайып, бейтааныш кишилер арбып калганын байкады. Зал дагы мурдагыдай эмес, кандайдыр өзгөрүп калгандай көрүндү. Балким, бул жөн гана көптөн бери чыкпагандыктандыр.

Бет маңдайындагы палатанын эшиги ачык турган экен. Муну эми байкады. Ал аялдардыкы экен. Мурда элес албаптыр. Эшиктин түбүндөгү керебетте бир кыз жатат. Ак куба жүзү, бакыракай кара көздөрү даана көрүнүп турду. Чачтары да капкара, тармал экен. Ал жатып алып китеп окууда. Кооз гүлдүү калың одеал менен көкүрөгүнөн ылдый жамынып алыптыр. Ал Акун операция боло электе жок болучу. Аны кыйлага карап олтурду. Бир оокумда кетсемби деп обдулуп, кайра айныды. Негедир палатага баргысы келбеди. Оңдой берди болуп, жанына он экинчи палатада жаткан Алымжан деген орто жашап калган киши келип олтурду. Ал Акундан мурда келген. Алиге чыга элек экен.
– Аа, Акун, сен басып жүрөсүңбү? Качан турдуң?
– Эки күн болду.
– Жакшы болгон тура. Эми качан кетчүдөйсүң?
– Дагы көп бар, Алымжан аба. Жакында операция.
– Дагыбы? – Алымжан таң кала түштү. – Кандайча, жакында эле жасашпады беле.
– Ооба. Дагы бир олуттуу, оор операция жасайбыз дешет.
– Ошондой де, уулум. – Бир кыйлага өз ою менен өзү алек болгондой унчукпай калды. – Эмне кылуу керектиги доктурларга белгилүүэмеспи. Алар эмне десе ошол болуп туруш керек. Иши кылып ден соолугубуз оңолуп кетсе – бизге ошол олжо.
– Туура айтасыз, Алымжан аба. А сизди качан чыгарчуудай, ден соолугуңуз жакшы болуп калдыбы?
– Жакшы, бир топ өзгөрүү бар. Ушул айдын орто чендеринде чыгарабыз деп жатышат. Деги кетсек экен. Жаман тажадым. – Алымжан унчукпай калды. Ушул учурда булардын кобурашкан үндөрүнөн тиги кыз колундагы китебин нары жылдырып, бери карады. Акун аны карап олтурган. Көздөрү капысынан чагылыша түштү. Саамга көздөрүн тартып кете албай карап турду. Кыз жумшак, уяң жылмайып, китебин бетине кармады. Анан нары жакта олтурган бирөөнө бир нерсе деди. Анысы туруп келип, эшикти жаап алды. Акун негедир буга ызалана түшкөнүн сезди. Бирок, аны кайрадан көргүсүкелди. Муну жанындагы киши байкап калбады бекен деген ойдо көзүнүн кыйыгы менен акырын карады. Жок, ал эч нерсеге көңүл бурбай, кандайдыр бир ойдун кучагында. Аны негедир алагды кылгысы келбеди. Жабык турган эшикти бир карады да, акырын туруп палатасын көздөй жөнөдү. Көз алдына негедир жанагы кыздын назик жылмаюусу тартыла калды…
Телевизордо кандайдыр бир кино көрсөтүлүп жатты. Эмне жөнүндө болуп атканын Акун түшүнгөн деле жок. Негедир алагды болуп, жакшы көрө албай койду. Кино бүткөндө залда келатып, жанагы кызды көрдү. Ал ойгоо экен. Бери карап жатыптыр, ал да Акунду карап калды. Көздөрү чагылыша саамга тиктешип турушту. Акун денесин белгисиз бир жылуулук аралап өткөнүн сезди. Мурда эч качан мындай болуп көрө элек эле. Өз ичинен таң калып, балдагын аяр шилтеп, эшиктин жанынан акырын өтүп кетти.

* * *

Кыш ортолоп калган кез. Күн өткөн сайын Акундун басышы жеңилдеп баратты. Мурдагыдай тез чарчап, мончок-топ тердебейт. Эми залга бат-бат чыгат. Ары-бери өткөндө эки көзү баягы палатада. Эшик жабык болуп калса, акмалап туруп ачылганда басат. Чарчаган жанга окшоп, баягы диванга барып олтурат. Бул өзүнчө бир адат болуп калды. Алдыртадан сурамжылап кыздын атын билип алган. Анара экен. Нарын тараптан келип, бул жерде медициналык окуу жайда окуп жатканын, өзүнөн үч жаш улуу экенин да билген. Өткөн сайын ал да карап калат. «Мен тууралуу ал эмне ойлойт болду экен? Улам-улам жалдырап карай бергенимди жактырбай, ичинен жаман көрүп жүргөндүр. Байкуш кыз, машинага урунуп алыптыр, белинен кокустаган экен. Ушундай тагдырга туш болгону кандай өкүнүчтүү. Татынакай кыздар эмне үчүн бактысыздыкка дуушарланышат? Кайсы күнөөлөрү үчүн? Атаганат, деги эле кыздар ооруп, кыйналбас болушсачы. Аны эмне эле көргүм келе берет, эмне ага жакындоону дегдей берем? Түшүнбөйм. Деги, анын бул жерге келгени жакшы болуптур. Антпегенде мен дүйнөдө Анара аттуу татынакай кыздын бар экенин билбей калмакмын. Кызык, а эмне үчүн минтип ойлоп жатам? Анын кырсыкка кабылып, тагдырдын оор жүгүн көтөрүшү мага баары бир экен да. Ал түгүл жакшы экен да. Мына эмесе, демек, менин аны жакшы көргөнүм жалган тура. Эгерде муну ал билип калса эмне болот, эмне дээр эле? Сөзсүз, абдан жек көрүп калмак. Кызык, эмнеге аны ойлобой тура албайм. Эмнеге көз алдымдан элеси кетпейт. Мурда мындай болчу эмес эле го. Бул эмне деген сыр», деп ойлойт Акун. Бирок, жообун таба албайт.
Түштөн кийинки тыныгуу учуру. Палатадагылардын айрымдары уйкуга кирип, айрымдары китеп окуу менен алек. Жолдош терезени карап тунжурап олтурат. Комузун алып олтурганы менен черткен жок. Негедир бүгүн көңүлү чөгүңкү. Табы жок. Эртеден бери бир ооз ачпады. Акун дубал жакты карап жатып, уктоого аракет кылды. Анысынан майнап чыкпады. Негизи ал күндүзү анча уктай албайт. Палата ичи дымырайт. Көчөдөн тыным албаган машиналардын добуштары гана билинээр-билинбес угулат. Ал бери оодарылып, жанаша керебетте жаткан жигитти карады. Ал көмкөрөсүнөн түшүп, кандайдыр бир калың китепти берилип окуп жатат. Бул Ишен деген жигит. Акундан беш-алты жаш улуу. Антсе деле теңтуштардай сүйлөшүп, тамашалаша берет.
– Ишен, сенден бир нерсе сурасам болобу, – деди ал үнүн акырын чыгарып.
– Ал эмне экен, –деди Ишен китебинен баш көтөрбөй.
– Анара кандай кыз?
– Кайсы Анара? – Ишен эми бери кылчайды.
– Жетинчи палатадагычы? Эшиктин түбүндө жатат го.
– Аа, Анарабы, – деп ал эми эстегендей кайра сурап койду да, кытмырлана жылмайып, көзүн кысты. – Ал абдан жакшы кыз.
– Качан турат экен?
– Билбейм. Аны өзүнөн сура. Баса, аны эмнеге мынча эзилип сурап калдың ыя? Балким сүйүп калып жүрбө?
– Сүйбөсө жабышып сурамак беле. Анаранын эшигинин алдын сагаалап, караанына жалынып жүргөнүн алиге биле элексиңби, – деп Сүйүн деген ширидей кара жигит аны коштой чапты. Анын ойгоо жатканын байкаган эмес. Анын сөзгө аралаша калганын ичинен жактыра бербеди. Эми ага тамаша табылды дей бер.
– Ошондой дейм да. Тааныштырып коюш керек экен, же эчак эле эле таанышып алдың беле?
Акун унчуккан жок.
– Кыз тандаганды билет бу балээ. – Сүйүн Ишенге көзүн кысып койду.
– Буйруса жакында той жейт турбайбызбы. – Ишен чын эле кубангандай күлүп калды. Алардан Акун мындайды күткөн эмес. Эми эмне дээрин билбей апкаарып калды. Тамаша кылып жатышканын билип турса да ыңгайсыз абалда калды. Анын унчукпай калганынан пайдалана Сүйүн:
– Кудай уур, эмгиче тааныша элек турбайбы. Өңүнөн азып баратканынан эле билинип турат го. Бул жагын өз мойнума алайын. Анын жердеши эмесминби. Анан тоюңа чакырууну унутпасаң болду, – деп купшуңдап койду.
Палатадагы ойгоо жаткандар дуу күлүп калышты. Аларга кошулуп Жолдош да жылмайды. Анын көптөн бери күлгөнү ушу. «Кичине бир нерсе болсо эле болду. Буларга тамаша табылып, Кудай берип коёт. Анара жөнүндө сурап койсо эмне экен, ушу да тамашабы. Сүйүн да Нарындан тура. А Анара көлдөн болсо жакшы болмок» деген ой көкүрөгүнө тык этти.
Мындан кийин бул жөнүндө эч ким менен сөз козгогон жок. Алар тамашалашса да унчукпай кутулуп кетүүчү болду. Жан дүйнөсүндө бир нерсе болуп жатат. Анын эмне экенине түшүнбөйт. Эч нерсеге көңүлү чаппайт. Бир нерсе жетишпегендей, унут калгандай коңултактай берет. Палатага киргиси жок. Залда басып жүрө бергиси келет. Сүйлөгөнгө да көңүлү чаппай, оор басырыктуу боло баштаганын өзү сезет. Эми палатадагылар да тамашалап күлбөй калышты. Мезгил өткөн сайын Анара менен таанышсам, аны менен сүйлөшсөм деген тымызын көксөө артып барат. Анын элеси көз алдынан кетпейт. Ансайын бир орунга тура албай тынчы кетет. Мынчалык кыйнап, азапка салып койгон бу кыздын кандай касиети бар? Акунга бул белгисиз.

Айылдан Турсунбай абасы келиптир. Бирок, бул кезде ооруканада карантин учуру болгондуктан аны ичке киргизишпеди. Терезеден эптеп кыйкырып сүйлөшүмүш болушту. Үй-бүлөдөгү, айылдагы анча-мынча жаңылыктарды угуп, кубанып калды. Деги, ооруканада жаткан адамга жакындары ке- лип, ал-жайы жөнүндө кабар алып тургандан өтөөрү жок. Муну ал көптөн бери байкап жүрөт. Бул жерде анын тайкеси, абасы, таежеси, атасынын карындашы бар. Алар келип турушат. Ата-энеси бир-эки айда бирден келишет.
Ишенге операция жасашты. Анын оң жак далысы уркуйуп чыгып, ийни кыйла көтөрүлүп туруучу. Мындай кишилерди бүкүр деп коюшат го. Бирок бул жигиттин бою деле узун. Башка бүкүрлөрдөй бүкүрөйбөйт. Көкүрөгү туурасынан өсүп калгандай көрүнөт. Ага гипстен корсет 1 кийгизип алып келишти. Операция абдан оор болгон окшойт, төрт сааттан ашык жасашты. Азыр абдан кыйналууда. Кислород менен дем алдырып, врачтар айланчыктап жүрүшөт. Эсине келе элек. Палатадагылар буттарынын учу менен аярлай басып, шыбырашып сүйлөшөт. Сестейишип, Ишендин жаны кейисе – алар да кыйналышкандай. Палата жымжырт.

Бүгүнкү обходдо Акундун гипсисин чечип лангет 2 кийгизишмек болушту. Бутуна күн сайын парафин тартуу белгиленди. Ал операциянын качан болоору белгисиз. Дагы канча күтөөрүн ким билет. Деги, операцияны күткөн жаман да. Адам өзүнөн өзү сарсанаага бата берет. Андайда убакыттын өтмөгү да азап эмеспи. «Мейли, бул акыркысы дешпедиби. Эми бир жолу чыдап койсом болду. Балким, балдаксыз басып кетээрмин. Оо, анда кандай гана сонун болоор эле. Буга Анара кубанаар беле? Ооба, ал сөзсүз кубанмак. Себеби ал жакшы кыз. Али таанышып, аны менен бир ооз сүйлөшө элекмин. Бирок, жакшы кыз экенин билем. Мен аны жакшы көрөм».
Залдын чоң терезесинен жаап жаткан карды баятан бери карап турган Акун оор улутунуп алды. Үйүн, ата-энесин, жакындарын сагынганын сезди. Үй жактан бир айдан бери киши келе элек болучу. Азыр үйүндө болууну самап, эңсеп кетти. Бурулуп, жетинчи палатанын эшигин карады. Дале жабык. Көңүлү чөгө түштү. Оор кадамдарын акырын шилтеп, палатаны көздөй илкиди. Эртеден бери негедир маанайы пас. Эч нерсени кыртышы сүйбөйт. Өзүнчө бушайман. Эмнеге? Түшүнүксүз. Башын салган боюнча палатанын эшигин ачып, бир кадам алга баса элегинде аялдын ачуу чаңырыгын укту. Селт эте башын көтөрдү. Бет маңдайында дырдай жылаңач Салкын деген келин турат. Ич кийимдерин которуп жаткан экен. Эшик ачылганда «биздин кыздардан келди» деген ойдо караган эмес окшойт. Эми эркек билгенде эмне кылаарын билбей калды. Шашканынан жылаңач денесин жабууга да үлгүрбөй тескери бурула берип кыйкырып жиберген. Акун башка чапкан немедей жалт бурулду. Жыгылып кетпегенине өзү таң калып кетти. Мынчалык ыкчам кыймылдай алаарын билген да эмес. Бирок ушу көз ирмем аралыкта анын тирсийген кош эмчегин, апакай жоон сандарын көрүп калууга үлгүрдү. Алаксып келатып аялдардын палатасына кириптир. Өзүнүкү наркы эшик эле. Байкап баспаганына өзүн өзү жемеледи. Бети дуулдап, көпкө чейин ыңгайсыз абалдан чыга албай койду.
Телевизордо кызыктуу кино көрсөтүлүп жатты. Олтургандардын көздөрү экранга тигилип, жымжырт. Олтура турган орун жок айрымдары туруп турушат. Жерге олтургандар да бар. Мында Акун да олтурган. Ал экрандагы окуяларга аралашып жүргөндөй мелтирейт. Кино каармандары аны багынтып, биротоло арбап алгандай. Немистер артка чегинип, биздин аскерлер чабуулга өткөн сайын кубанычы койнуна сыйбагандай. Ал элдин артында олтурган.
Бир кезде ал олтурган үстөлдүн арткы жөлөнгүчүнө кимдир бирөө келип, акырын чыканактап жөлөнгөндөй болду. Артта тургандардын бири болсо керек деген ниетте көңүл бурган жок. Бирок, андан дарынын, анан жагымдуу атырдын жыты келе түштү. Кыз экенин туйду. Акырын кылчайып артын карады. Көрөөр замат селт этип алды. Өз көзүнө өзү ишене албай кетти. Анткени бул – Анаранын дал өзү болучу. Акун кылчайганда ал да карап калды. Көздөрү дагы чагылышты. Анара учурашып аткансып башын ийкеп койду. Акун ордунан өзүнө мүнөздүү болбогон ылдамдык менен тура калды. Же ошондой сезилдиби, түшүнбөй да калды. Балдактарын таянууга үлгүрбөй, жанындагы бек турган эшиктин туткасын кармады.
– Буга олтуруңуз, – деп үстөлдү аны көздөй жылдыра койду. Негедир үнүда өзүнүкүнө окшобой, бир кызык чыкты. Муундарын майда калтырак басып кетти. Жыгылып кетпейин дегендей тутканы карыша кармап, эшикке жөлөндү. Балдактарын алып таянды. Денесинин калтырап жатканын ал билип койбосо экен деп ойлоду. Анысын билип койгондой уяла да түштү.
– Олтура бериңиз, мен туруп эле турам, – деди Анара ыңгайсыздангандай. Анан ыраазы болгондугун билдиргиси келгендей жылмайып койду. Абдан ажарлуу, сүйкүмдүү жылмаят экен. Жанынан көргөнгө ого бетер татынакай сезилди. Эки ууртунда эки кичинекей чуңкурчасы бар экен. Бул жылмаюу негедир анын ичин тыз эттирип алды. Денеси бошоңдоду.
– Олтурсаңыз, – анын оозуна мындан башка сөз кирбеди. Дилинен чыккан ушул жалгыз сөз ушунчалык өтүнүү, жалбаруу менен айтылды. Үнү да кардыккандай, аптыккандай бир башкача чыкты. Анын жанында сүрдөп, кысылып турду. Чекесинен тер чыпылдап кетти. Жүзаарчысын акырын алып, билдирбеске тырышып терин сүрттү.
– Ырахмат, мага олтурууга болбойт. Белимде корсет бар. Сиз олтура бериңиз, бутуңуз талыйт, – деди Анара. Дагы ажарлуу жылмайып койду. Мунусу бир өзгөчө, жүрөктү элжиреткендей сезилди. Мындай кереметти көргөн эмес. Ушул кереметтин өзүнө арналгандыгы андан өткөн керемет эле. Көздөрү Анаранын капкара, жалжылдаган көздөрүнө урунду. Саамга белгисиз ырахатка батып, абада калкып бараткандай сезимде магдырап турду. Өзү да жумшак, ага эреркегендей жылмайды. Көз ирмемге созулган жылмаюулар. Чагылышкан көз караштар. Тилсиз сырдашуулар. Кыздан келип жаткан атырдын жыты. Булардын баардыгы азыр Акундун өмүрүндө кезикпеген бактысы эле. Ушул бакыттан ажырагысы келбей, анын узакка созулушун эңсеп турду. Экөөнүн ортосундагы үстөл бош бойдон калды. Анын арткы жөлөнгүчүнө экөө колун коюп алган. Акун эшикке сүйөнгөн боюнча. Бир колу туткада. Алдыртадан кызды карайт. Денесиндеги калтырак али тарабайт. Кулагына эч нерсе угулбайт. Кызыктуу кино, айланадагы адамдар, оорукана, дарынын каңылжарды жарган жыты, бутундагы колдойгон гипс, алдыдагы операция. Булардын баары жок. Унутулган. Азыр дүйнөдө жалгыз гана Анара. Анын жанында жалгыз гана өзү. Өзүн арбап алган мөлтүрөгөн көздөр. Алар Акундун жаш жүрөгүнө туңгуч сүйүү, ууз махаббат, ошону менен бирге өмүрүн коштоп жүрөөр кайгы, орду толбос өксүк, арылбас арман болуп агылып кирди. Муну ушу мүнөттө өзү билген жок. Анткени ал анда башка дүйнөдө жүргөн. Анда кор кылган оору, тагдыр өксүгү, колтук жооруткан кош балдак, Жолдоштун муңканган комузу, Райымдын ыкшыган күлкүсү, операциялар, дарылар, көйгөй, көз жаш аттуу нерселер жок болучу. Булардын ордунда ак куба, орто бойлуу, тармал чач, моймол көз кыз гана болучу. Балким, өксүк тагдыры ушу баланын жакшылыктан үмүтү үзүлбөсүн, жарыкчылыктын кадырын билсин, ошо жарыкчылык деген нерсеге адашып келбегендигин түшүнсүн дегенидир. Жашоого кумарланта турган нерсенин да бар экенин сезсин дегенидир. Неси болсо да Акун сага ыраазы, тагдыр. Ушу дүйнөгө туш кылганың үчүн сенин дагы кандай азабың болсо да көтөрүүгө даяр. Эми ал жалгыз эмес. Жүрөгүндө махабаты бар…

Күндөр акырындык менен өтүп жатты. Акундун бутундагы гипсти чечип лангет кийгизишти. Эми анын күндөлүк түйшүгү башталды. Күндө анысын чечип, операция жасалган тизелерине парафин тартат. Андан соң лангетин кийип, бинт менен ороп таңат. Парафиндин ысыгы жарым саатка тарабайт. Ошого чейин сундуйуп кыймылдабай жатмай. Чечилген бинттин бырышын жазып, кайра түрмөй. Зериктирме жумуш бу да. Мындайда алаксыткан бир гана нерсе бар. Ал – Анара жөнүндөгү түгөнбөгөн ойлор. Карегинен кетпеген элеси. Эми экөө залдан, телевизордун жанынан тез-тез жолугушуп турат. Кезиккенде жылуу, жылмайып учурашат. Акундун кубанычы ушу. Бирок, өткөн жолкудан кийин бир туруп сүйлөшө элек. Бир нече сапар аракет кылып, жакындаганда эле батынбай калат. Сөздү эмнеден, кандайча баштаарын билбейт. Мурда кыздар менен сүйлөшүп көрбөсө. Деги анын сөздөрү ага жакпай калсачы? Же сүйлөшкүсү келбей басып кетсечи? Жок, антпейт. Жакшы кыздар адам көңүлүн оорута алышпайт. Бул Акундун ишеними. Ал анын эңсөөсүн арттырып барат.
Газета-журналдар менен бир нече кат көтөрүп медсестра кирди. Ар кимге сураган газет-журнал берип, Жолдоштун жанына басып келди:
– Сизге кат бар.
– Магабы? – Ал ишенбегендей, тамаша кылып жаткан-дай, бир чети таң кала карап калды.
– Мынакей. – Сестра каттардын үстүндөгүсүн алып ага сунду. Ал дале ишенкиребей конверттеги жазууларды окуду. Өзүнө келген экен. Аны бир кымбат, аянычтуу нерседей бир пас кармап турду да, анан чөнтөгүнөн кичирээк маки алып чыгып учу менен аярлай ачты. Бир барак кагазды окуп кирди. Ортолоп барганда эки көзүнөн тунук тамчылар төмөн кулады. Бирок, бул кайгынын эмес, кубанычтын, кусанын жашы экени жүзүнөн билинип турду.
Жаңы газеттерге көз чаптырып отурган Тагайга Акун алдыртадан карап «жүрү, абаны ыңгайсыз абалга калтырбай акырын чыгып кетели» дегендей белги берди. Ал туура түшүндү окшойт, газеттерин колтугуна кысты. Экөө акырын туруп залга чыгышты. Тагай да Акундан үч-төрт жаш улуу боло турган. Антсе деле теңтуштай жүрүшөт.
– Тагай, жетинчи палатага барып, Уруйпа эже менен шахмат ойнобойлубу, – деди Акун. Тагайдын аны менен ойноп олтурганын бир нече жолу көргөн. Бирок, өзү али жакшы ойногонду биле элек эле. Тагай үйрөтүп жүргөн. Бир нече жүрүштөн кийин эле утулуп калчу.
– Жүрү, ойносо ойнойлу. Бирок, сен Анара менен ойно. – Ал Акунду эркелеткендей мурунга чертип койду. Жок деп айтпаса экен деп кыпылдап турган Акун буга кубанып кетти. Сундуйган буттарын кере шилтеп алдыга түштү. Зал бир кыйла узун. Жетинчи палатага жакындаган сайын Акундун жүрөгү дүкүлдөй баштады. Мурда бул палатага кире элек болучу. Өзүнө ушунчалык кымбат, ушунчалык алыс сезиле турган. Ушундан уламбы, азыр ыңгайсызданып баратты. Биресе шыдыр өтүп кеткиси да келди. Бирок, мынча болгон соң айнып кетүү туура эмес. Анын жанында болууну эңсеп жүргөнү качан. Эми дал ошондой учурду колдон чыгарып жиберсе эмне болот? Анда Анара менен эзели сүйлөшө албайт. Муну ички туюму аркылуу түшүнүп, чечкиндүү басты. Мына жетинчи палата. Баарынан сүйкүмдүү, жылуу көрүнгөн палата. Дилин биротоло тартып алган тааныш эшиги ачык турган экен. Босогодогу көрүнбөгөн тосмону жарып өтүп, салам айтып кирип барышты. Анара керебетине жатып алып, калың китепти окуп жатыптыр. Саламга элпек алик алды.
– Келгиле, мындай олтургула. – Жанындагы үстөлдөрдү көрсөтүп койду. Акун анын бет маңдайындагы үстөлгө коомай олтурду. Балдактарын анын кырына жөлөдү. Тагай шыдыр Уруйпанын жанына барды. Тумпочканын үстүндөгү шахматты алып тизе баштады. Палатада экөө эле экен. Берки кыздар телевизор көрүп олтурушса керек. Мына, Акун Анаранын жанында. Бул күндү кандай күтүп, кандай эңсебеди эле. Анда башкача элестетчү. Бажырап сүйлөй бергиси келчү. Оюнда, көөдөнүндө эмне болсо ошонун баардыгын төгүп салгысы келчү. А азыр кысынып, эмне деп айтаарын, сөздү эмнеден баштаарын билбейт. Деги, ал бул кызга эмнени айтмакчы? Эмне жөнүндө сүйлөшмөкчү? Бул ал үчүн жообу табылбаган суроолор эле. Ортодо тынчтык өкүм сүрүп турду. Бул көпкө, айга, жылга созулуп кетчүдөй сезилди. Өз кезегинде бул андагы ыңгайсыздыкты дагы күчөттү. Көңүлдү экиленткен атырдын жыты мурунду өрдөйт. Сезимди кыты- гылайт. Акун алдыртадан көз кырын салды. Кыз да коомайсынып жатканын байкады. Китепке үңүлгөнү менен окуган деле жок. Акыры Акун ортодогу дүлөй тынчтыкты бузуп жиберди:
– Бул кайсы китеп, Анара? – Анын үнү негедир ишенимсиз, бошоңку чыкты.
– Джек Лондондун «Жашоо кумары» деген китеби. – Кыз элпек жооп берди. Үнү да сүйкүмдүү, жылаажындай угулду. Көкүрөгүнө жылуу нур агылып киргендей жылый түштү.
– Кызыктуу бекен? – Эми өзүн эркинирээк сезип, муундары калтырабай калды. Буга ичинен кубанып койду.
– Абдан кызыктуу. Сен муну окуй элексиңби? – Анара кызыккандай сурады. Эми ал «сенге» өттү. Бул ортодогу дагы бир тосмону алып ыргыткансыды. Кыз ага мурдагыдан да жакындай түшкөндөй болду.
– Жок, – деди ал шалкы бош. Жалтайлаган көзүн ала качты. Анткени кыздын бул суроосу аны жарга такап салган. Неге дегенде ал муну окумак турсун китептин атын уккан эмес. Ал али сабатсыз эле. Мектепке бара алган жок. Окууга чубап бараткан балдарды терезеден тосуп, терезеден узатып кала берүүчү. Бул анын өкүнүчү, жүрөгүн ачыштырган өксүгү эле. Кыздын суроосу ошол өксүктү кайрадан козгоп жиберди. Жаңыдан жазылып келаткан денеси кайра жый- рылды. Чекесинен тер чыпылдап кетти.
– Анда окуп бүткөндө сага берейин, окуп чык.
– Макул, ырахмат, – деп Акун башын ийкеди. Көңүлүндөгү өксүктү кыздын сезбей калганына бир чети кубанып кетти. Бирок, бул убактылуу гана кубаныч эле. Жалган кубаныч эле. Адам башкалардан көп нерсесин билгизбей жашыра алат. Ал эми Акун өзүнүн ушунча жашка келип, анан сабатсыз жүргөнүн кантип жашырат? Кантип билгизбей жүрө алат? Анын курагындагылар сегиз-тогуз окуп калышпадыбы. А бул али тамга тааныбайт. Кыздын жанында олтурган Акун азыр дарттын кордугуна чендебей турган дагы бир кордук бар экенин туйду. Неге мурда ушул жагын ойлободу экен. Кыялында балдарга кошулуп, мектептен окугусу келгени менен чындап аракет кылбаптыр. Тамга таанып, китеп окуганды үрөнүүгө кызыкпаптыр. Көңүл бурбаптыр. Китептердин, гезит-журналдардын сүрөттөрүн көрүп коюу менен гана чектелип жүрө бериптир. Мунусу бирде болбосо бирде жарга алып барып такап таштаарын билбептир. Мына, эми ошол учур келип, татынакай кыздын алдында эмне кылаар айласын таппай олтурат. Жардан тартып чыгарып алуучу кудурет барбы? Аны кайдан тапса болот? Балким, ал дал ушул кыздыр? Капысынан пайда болгон ойдон улам ал өзүнчө толкундап кетти. Бирок, Анаранын ошол өзү кептелип калган жардан кантип, кандайча жол менен алып чыгаарын билбеди. Анын үстүнө көөдөнүндөгү өксүгүн ага айта албайт болучу. Анткен күндө аны жоготуп алчудай сезди. Неси болсо да азыр анын жанында көпкө олтургусу келди. Ал түгүл өмүр боюу былк этпей олтурууга даяр эле…

…Кар сампарлап жаап жатты. Бармак басым кар бүртүктөрү каалгый түшүүдө. Туш тараптын бардыгы акка тунуп, бир ажайып көрүнөт. Акун сыртты кыйлага карап турду. Анан бери келип, бөлмөнүн орто ченине коюлган столдун четиндеги үстөлгө олтурду. Столдо бир нече китеп, Жолдоштун комузу, суу куюлган графин турат. Китептердин бирин колуна алды. Мукабанын сыртында кандайдыр бир түшүнүксүз сүрөт бар экен. Мунун кандай мааниси бар экенине акылы жетпеди. Сүрөттүн жогору жагында чоң тамгалар менен эки сөз жазылыптыр. Алар да ага тааныш эмес болучу. Кайра ордуна коюп койду. Телевизорго келди. Анда жакшы деле көрсөтүүлөр жок экен. Акырын туруп вестюбул жакка басты. Адатта кечки тамактан кийин тамеки тарткандар бул жерге чогулуп, ар кандай маекке, анегдотторго киришет. Акун да бул жерде олтуруп кеп-келеч укканды жакшы көрөт. Анын үстүнө бул жерден көчө жак да жакшы көрүнөт. Врачтар жокто уурданып эшикке да чыгууга болот. Азыр залда баратып тышка чыгып, таза абадан дем алгысы келди. Эшик ачык болсо (кээде кулпулап коюшат) жаап жаткан карга бетин тосуп, үшүгөнгө чейин турууну ойлоп баратты. Көптөн бери тышка чыга элек болучу.
Вестюбулдун оң жагындагы жууна турган бөлмөнүн дал эшигинин алдында Анара менен Каныбек туруптур. Экөө бир нерселерди кызуу сүйлөшүп жатышат. Каныбек ага бир нерселерди түшүндүрүп, шаша сүйлөп атат. Анаранын негедир кабагы салыңкы. Аларды көрүп, Акундун кадамдары оорлоп, ичи ачыша түштү. Жүрөгүнүн тез-тез сого баштаганын сезди. Колдору балдактын туткаларында карышып, ордунда туруп калды. Кимгедир кыжырлануу, жек көрүү сезими бийлеп баратканын туйду. Кайра кеткиси келди. Ушул маалда Анара башын көтөрүп аны көрүп калды. Эми артка кайтууга болбойт эле. Ал кадамын тез шилтөөгө аракеттенип аларды көздөй басты. Бирок өчөшкөнсүп, жакшы шилтенбей чалыштайт. Муундары дагы титиреп чыкты. Жандарынан өтүп баратып:
– Саламатсыңарбы, – деп салам айтты. Ал күнү Анараны көрө элек болучу.
– Самаламатчылык, – деди Анара. Негедир эмелеки салыңкы кабагы ачыла түшкөнсүдү. Жылмаюуга аракеттенди. Бирок мурдагыдай болбоду. Жан дүйнөсүндө кандайдыр бир көлөкөнүн карааны турду. Баягы жалжылдаган көздөргө капанын көлөкөсү түшкөндөй. Ошол көлөкө Акундун карегине жылып кирди.
– Аа, Акун, кандай, – деди Каныбек барбайган колун сунуп.
– Жакшы, – деп андан ары унчуга албай мукактанды. Анан колун коё бергенден кийин ыргылжың боло түшүп, Анарага сунду. Анын колу баланыкындай кичинекей, апакай, кебездей жумшак экен. Аны кармаганда денесине ток тийгендей чымырап кетти. Биринчи жолу колун кармады. Бул үчүн ичинен Каныбекке ырахмат айтып жиберди. Анткени азыр Анара өзү жалгыз турган болсо батына алмак кайда. Эми эрдемсип, сыймыктанып кетти. Колун коё берип, алардын жанына туруп кала албады. Нары басты. Анан негедир бушайман болуп, көңүлү чөктү. Кымбат бир нерсесин тигилер алып калгандай, алыстай албай койду. Олтурган адамдардын жанына келгенче кыйла мезгил өтүп кетти окшойт. Кимдир бирөө ага өз ордун бошотуп бере койду. Олтурбастан нары өтүп, терезеге барды. Муздак айнекке чекесин такап, сыртты карады. Түн түнөрүп, кар дале жаап жатыптыр. Тээ нары жактагы чоң жолдон жүрүшү аяр машиналар тыным билбей өйдө-төмөн өтүп жатышат. Оорукананын дүпүйгөн калың багы ак шейшеп жамынган дөөлөрдөй бараандуу. Айнектин наркы бетине кар бүртүктөрү жабыша калат. Акундун чекеси тийип турган жердеги кар эрип, андан пайда болгон тамчылар төмөн ага баштады. Айнектин түптөрүнөн муздак, көңүл сергиткен таза абанын илеби келет. Анын чекеси муздап, чыйрыгып чыкты. Бир оокумда маектешип отургандар дуу эте шатыра-шатман түшүп, каткырып калышты. Кыязы, анегдот өз бутасына дал тийди окшойт. Каткырык кулагына жеткени менен кылчайып карабады. Кимгедир кыжыры келди. Муштуму өзүнөн өзү түйүлүп, бет алдындагы айнекти быркырата муштап жиберейин деген ниетте көтөрүлүп барып, кайра шалдайды. Керебетине келип бүкүлүү бойдон күп түштү.

Эртеси залга чыкпай, кечке дейре солуган немедей керебетинде жатты. Тамактанууга да барган жок. Жанындагылар анын жан дүйнөсүндө эмнелер болуп жатканын түшүнгөндөй, эч кимиси унчугушпады. Ушинтип эки күн зып этип өтүп кетти.
Мына, акыры күткөн күндүн карааны көрүнгөнсүдү. Бүгүнкү обходдо Акунга жасала турган операция эмдиги жуманын төртүнчү күнүнө белгиленгендигин билдиришти. Бул кабар биресе кооптонтсо, биресе жеңилдентти. Анткени боло тургандан кийин тезирээк болгону жакшы эмеспи. Эки күндөн берки жүк ийнинен шыпырылып түшкөндөй болду. Доктурлар чыгып кетээри менен лангетин чечип, парафин алууга камынды. Ушундан тажап бүткөн. Эми жакында мындан да кутулат. Операция… Бирок, ал азыр бул жөнүндө ойлогусу келбеди. Оюнда парафинди алып коюп, залга чыгуу. Ары-бери басуу. Анарага жолугуп, бүгүнкү кабарды айтуу. Аны менен эми күндө жолугуп, эркин сүйлөшчү болгон. Бир нече жолу залдагы эски диванга түндүн бир оокумуна дейре олтурушкан. Ортодо кандай гана сөздөр болбоду дейсиң. Мындайда Акундан өткөн сөзмөр, чечен жоктой. Кээде мынчалык сөздөрдү кайдан таап жатканына өзү да таң калат. Азыр ага эки күндөн бери кезиге электигин, ушул кыска убакыттын ичинде кадимкидей сагынып, куса боло түшкөн экен. Аны көрсөм деген эңсөө ого бетер күчөдү.
Парафин алып келүүчү сестра бүгүн кечигип жатты. Демейде даярдана электе жетип келип демитип турчу. Күткөндө өчөшкөндөй жок. Эки колун башына жаздай чалкалап жатты. Капысынан мурдагы күнкү окуяны эстей койду. Деги адамдын мүнөзү кызык да. Ошондо эмне болуп кеткенин али түшүнбөйт. Бирөөдөн жаман сөз укпаса, же жаман окуяга кабылбаса. Болгону Анара менен Каныбектин бирге турганын көрдү. Мунун эмнеси бар экен? Ага эмне үчүн ичи тарыйт. Бул эмнеси? Анарага болгон ич тардыкпы, кызгануубу? Балким Анараны сүйүп калгандыр? Кайдан. Ушул куракта да сүйүп калууга мүмкүнбү? Ал али бала бойдон эмеспи. Эгерде бул чын эле сүйүү деген нерсе болсочу? Анда эмне болот? Бирок, Анара аны сүйбөйт да. Анткени ал али бала. Анын үстүнө кош балдакка күнү түшкөн бир майып. Болгондо да сабатсыз майып. Ошондой кишини да сүйүүнө болобу? Ушул ооруканадан сакайып чыкса бир жөн. А андай болбой калсачы? Кош балдакчан адамды сүйө турган бул дүйнөдө бирөө бар болду бекен? Бар. Ал – Анара. Андай болбосо ал эмне үчүн дайыма жылмайып сүйлөшөт? Эмне, жылмайып койсо эле сүйүү болуп калабы? Деги, бу сүйүү дегендин өзү эмне? Буларга ал жооп бере албайт эле…

Лангеттер култуйуп керебеттин алдында жатат. Чечилген бинттер чачылып, тапталып түрүлө элек. Негедир ага көңүлү чаппай турат. Түрүп коюуга убакыт жетиштүү. Парафин муздагыча ал да даяр болот. А сестра али жок. Жолдош адатынча комузун дыңылдатып, кандайдыр бир күүнү чертип олтурат. Бирок эки көзү терезеден өтүп, ой дүйнөсү белгисиз бир алыстыкта. Комузунун үнүн деле укпай, жөн гана эки колу кыбырап жаткандай. Акун аны азга карап туруп, оор улутунуп алды. Муңайым ойдон алыстагысы келип, Анаранын элесин көз алдына тутту. Ичи жылып, өзүнөн өзү жылмайды. Кыялында кулагына шыбырап «сени жакшы көрөм, сен керемет кызсың» деп айтууну каалады. Жүрөгү туйлап кетти.
– Акун! – Байкоосуздан чыккан үндөн селт этип баш көтөрдү. Эшиктин алдында Анара туруптур. Жүзү жадырап кубанычтуу. Оорукананын эмес, өзүнүн кийимдерин кийип алыптыр. Балким, ушунданбы, көзүнө алда канча татынакай, сулуу болуп көрүндү. Аны карап турду Акун. Ал мында келет деп күткөн эмес. Өзүн чакырат деп түк ойлобогон. Бир кезде денесине ток тийгендей дүр этти. Анара тез басып жанына келди да, тыпыйган колун сунду:
– Мен кетип баратам. Жакшы кал, тез сакайып чык.
Шаңкайып эми эле ачык турган асманда капысынан чагылган жарк этти. Анын артынан жүрөк үшүн алган күркүрөгөн добуш чыкты. Жок. Бул сыртта эмес, Акундун сезиминде болуп өттү. Ооба, Анаранын айтып турганы ал үчүн ачык күндөгү күтүлбөгөн чагылган болучу. Буга кандай туруштук берип, андан кантип калкаланып калаарын билбей нес боло түштү. Үнү буулуп, жан дүйнөсүнө түшкөн дүрбөлөң көзүн тунартып жиберди. «Жок! Жок, мындай болушу мүмкүн эмес! Буга мен ишенбейм. Мындай болууга тийиш эмес!» деп дүйнөнү дүңгүрөтө кыйкырып жатты. Бирок, бул үндүэч ким, ал тургай өзүда укпады. Неге дегенде бул жөн гана сезиминдеги үнсүз чыңырык эле. Анын тунжурап олтуруп калганына биресе таң калып, биресе кыйылгандай колун акырын тартып алды да, Жолдош менен Райымга карап «Жакшы калыңыздар» деди. Анан жай гана эшик тарапты бет алды. Ушул учурда Акундун жүрөгү булкуп-булкуп алды. Эсине ошондо келди.
– Анара! – Үнү өзүнүкүнө окшобой, катуу коркуп кеткенде аптыга кыйкырып жиберген сыңары чыкты. Кекиртегине катуу нерсе туруп калып, анысы улам катуулап кысып, муунтуп бараткансыды. Анара кайра кылчайды. Жүзүндө кубанычтуу да, муңайым да жылмаюу. Анын ушул турушу Акун- дун карегинен сыдырылып өтүп, анын жан дүйнөсүнө жутулуп баратты.
– Мурда неге айтпадың. – Буулугуп, оозуна мындан бөлөк сөз кирбеди. Көзүнө жылуу тамчы тегерене түштү. Анысынан уялып, анысын жашырып олтурууга азыр чамасы жок эле. Өзүн кармап, ага кандайдыр бир жакшы сөз айтып калууга камданды. Аны жаналакетке түшүп издеп, бирок таппады. Тил учуна бир сөз келбей койду. Анара жакын келип, анын керебетинин четине көчүк басты:
– Кечеки обходдо үч-төрт күндөн кийин чыгасың деп айтышкан. А бүгүн Нарындан атам келип калыптыр. Ала кетейин десе врачым макул болду. Жазында келем. Болуптур анда, жакшы кал, Акун. Балдактарыңды таштап басып кет. Баса, бул сага. Кат жазып тур.
– Анара колундагы гезитке оролгон нерсени тумпочканын үстүнө койду. Анан Акундун бет ылдый агып жаткан көз жашын алаканы менен сүрттү. Акырын эңкейип келип бетинен өптү. Ушундан соң тыпылдап чуркаган бойдон чыгып кетти. Боорун топчулабай, желбегей жамынып алган апакай халатынын этеги жайыла делбиреп, Акунга учуп бараткан Аккуудай көрүндү. Ошол Аккуу нар көтөргүс кымбат нерсесин, ага кошуп жүрөгүнүн жарымын алып кеткенсиди. Ал барган сайын оболоп учуп, алыстап баратты. Мына, ал азыр коюу булутка кирип кетет. Анан бүттү… Жок! Бүтпөйт! Нес болгон немедей тунжурап олтурган Акунду бирөө жакасынан кармап катуу силкип жибергендей башын чулгуп алды. Палатанын ичин кыдырата карап келип, каректери эшикке кадалды. Ал жабык турган. Анара жок. Ал эчак кетип калган. Керебеттин алдында жаткан лангеттерин шаша-буша кие баштады. Сыртынан бүктөмдөрү жазылбаган бинт менен туш келди ороп кирди. Лангеттер бутуна жакшы батпай, бинттер ар кайсы жеринен бир оролуп, чаташып жатты. Ага көңүл бурбады. Иши кылып сыртка тез жетүү керек. Бир гана ушул ой анын эркин бийлеп алды.

Жолдош Акунду үнсүз карап турду. Бир маалда эки көзүнөн мончоктогон тамчылар бет ылдый бири-бирин кубалап жөнөштү. Аларды эркине койду. Жөн гана жаш толгон көздөрү Акунга тигилип турду. Анын катарындагы керебетте төшөгүнө чүмкөнүп алган Райым ыкшыган күлкүсүн токтото албай бүлкүлдөп жатты…
Бир бутун байлап, экинчисин бүтө жаздап калганда парафинин көтөрүп сестра кирди. Ал таң калгандай ага карап калды:
– Акун, парафинди коё электе лангеттериңди эмне үчүн кийип жатасың? Чечкин? – деди. Парафинди тумпочкага койду. Акун унчукпай, чала-була байланып алып тышка жөнөдү. Лангеттер бош байлангандыктан шалкылдап, буттарын өйкөп оорутуп баратты. Айрыкча операция жасаган жерине лангет өйдө-ылдый болуп тийип, көзүнөн от чагылтат. Ал жери нымдалышып чыкты, канады окшойт. Бирок, буга көңүл буруп, токтоого убакыт жок эле.
– Кайда барасың? Эмне болгон сага, парафин муздап калат. Жинди болгон го бу.
– Сестра сүйлөнүп кала берди. Анан ал Жолдош жакты карады. Анын көздөрүнөн дале мончоктоп жаш агып жаткан. Анысын сүрбөгөн тейден билбейм дегендей ийнин куушуруп койду. Эми араң басылган Райым чүмкөнгөн боюнча кайрадан керебетин кыйчылдатып ыкшып кирди.
Акун балдактарын иретсиз шилтеп, буттарын күч менен сүйрөп вестюбулга жете келди. Мынчалык тез басып калганын өзүда билген эмес. Бу жерге көз ачып жумганча келгендей болду. Мында бир топ кишилер – оорулууларга келгендер бар экен. Алардын арасынан өтүп, тышка чыгуучу эшиктин алдына келди. Кудай жалгап, бул маалда эшик кайтаруучу аял жок экен. Эшик илинбептир. Ал шыдыр эшикке чыкты. Кар бургуйлап жаап жатыптыр. Бетине кар тоскокторун учурган муздак шамал урунду. Кардын чоң-чоң бүртүктөрү мойнуна, көйнөгүнүн ачык жакасынан кирип жабыша калып жатты. Баш кийим да кийбептир. Көйнөгүнүн сыртынан жука пижамасын эле кийип жөнөгөн.
Анара эшиктин алдындагы жеңил машинада олтуруптур. Тепкичтен төмөн түшүп, анын жанына баргысы келди. Бирок, тизелери бүгүлбөгөндүктөн тепкичтен түшө албайт болучу. Анын үстүнө цементтелген тепкич абдан сыйгалак эле. Бул жерден алты саны аман адамдын да өтүшү бир топ кооптуу. Машинага болгону беш-алты кадам жетпей турду. Анара арткы орунтугунда олтурат. Ал Акунду байкабады. Атасы врач менен тигинде сүйлөшүп турат. Акун чыйрыгып, үшүп чыкты. Көзүнөн аккан жашы төмөн кулап жатты. Аны өзү байкабады. Анараны карап тура берди. Балпайган кар бүртүктөрү машинанын терезесине жабышып, барган сайын анын татынакай жүзүн күңүрттөнтүп, көргөзбөй баратты. Бир маалда атасын издедиби, кылчайып артын карады. Бир саамга көргөн көзүнө ишенбегендей карап турду. Анан бери четке жылып, терезени ачты. Эшиктин алдында өзүн жалдырап караган Акун турган. Узатып чыкканына ыраазы болгондой колун булгалап жылмайып койду. Бир нерселерди айткандай болду. Бирок, анын сөздөрүн шамал жула качып жеткирген жок. Дагы бир жолу колун булгалады. Акун да. Ал азыр эч нерсе жөнүндө ойлогон жок. Бардык сезиминен ажыраган немедей тек гана колун булгалап тура берди. Жөн эле турбады. Өмүрүндөгүэң кымбат адамын, ууз махабатын ойготуп, адамдык ыйык сезимден алгачкы ирет кабар берген керемет кызды акыркы жолу көрүп, аны өзү жете албаган алыскы сапарга узатып турду…

Атасы врач менен коштошуп, машинага келип олтурду. Анара терезеден башын чыгарып, Акунга акыркы ирет колун булгалады. Жүзүндө баягы ажайып, бирок муңайым жылмаюу. Аны аяганыдыр. Терезе жабылды. Анын бетине заматта кар жабышып, Анаранын жүзү көрүнбөй калды. Кар учур- ган муздак шамал өчөшкөндөй машинанын терезесине парда тартып салды. Бүттү. Баары бүттү. Машина дүр этип, арткы дөңгөлөктөрү бир орунда чимирилип алды да, акырын козголду. Бир нече кадам аралыкка жылып барып кайра токтоду. Эшиги ачылып, артка кылчая караган Анара колун булгалады. Мунусу «кош эми, болуптур. Нары кир, үшүп каласың» деген белгиси эле. Акун дале козголбоду. Машина жылып кетти. Ал машиналардын агымы басылбаган чоң жолго бурулуп, заматта көздөн кайым болду. Сампарлап жааган кар, бургуйлаган долу шамал эми эле узап кеткен машинанын изин жоготууга далбастап жатты…

Ал керебетинде көмкөрөсүнөн түшүп жатты. Солуктап атып өпкөсү көөп чыкты. Тагдыр соккусу. Ооба, мунун эмне экендигин, анын салмагынын кандай экендигин ал буга чейин эле жетишээрлик билип калган. Себеби ал Акундун бала кезинен бери жонуна тийип келе жатат. Ага көнүп деле бүткөн. Бирок, ушул жолкудай ооруксунуп, эси эңгиреген эмес. Эмне кылаарын билбей калды. Көптөн бери тынбай чуркап келатып, капысынан туңгуюк жарга түшүп кеткенсиди. Кыялында ошол жардан чыга албай жанталашып жатты. Өйдө-төмөн чуркады. Жол издеди. Чыйыр издеди. Жок, андай нерсе көзүнө чалдыкпады. Көрүнгөн жердин баардыгы – аска. Колго илине турган бүдүр жок. Тик боордон кайра артка сыйгалана берди. Тамандары урчук таштарга тилинди. Жер чапчыган тырмактары түбүнөн коңторулду. Бирок, жогорулай албады. Эч жыла албады. Ырайымсыз жар аны өз эркиндеги туткун кылып алды. Ушуга маашырлана менменсиди. Ого бетер асманга боюн керди. Бирок, тиги багынып бергиси жок. Анткени ал – адам болучу. Демек, ал жол издөөгө, жардан чыгып кетүүгө тийиш. Ал издеп жатты. Эмелеки окуя сезиминде жаңырыктап, улам кайталанып жатты.
Анара! Эх, Анара! Сен эмне кылып кеттиң? Анын дүйнөсү тынч, түнт эмес беле. Анын асманындагы айды кара булуттар чүмкөп туруучу. Айланасынан эч нерсе көрүнчү эмес. Көрүүгө далалат да кылчу эмес. Анткени ал дүйнө деген дал ушундай түзүлгөн болсо керек деп ойлогон. Ошондой кабыл алган. Демек, бул анын көнүмүш дүйнөсү болучу. Анан сен пайда болдуң. Ошол дүйнөгө дүрбөлөң салып жибердиң. Асмандагы кара булуттар тарап кетти. Шаңкайып ай көрүндү. Эртеси күн чыкты. Анын күңүрттөнгөн дүйнөсү жарыкка тунуп кетти. Көрсө чыныгы дүйнө деген, жашоо деген таптакыр башка турбайбы. Керемет турбайбы. Анда жарык бар экен. Анда жылуулук бар экен. Анда үмүт бар экен. Анда жылмаюу бар экен. Анда жашоонун гүлү бар экен. Анда эртеңки күн бар экен. Ал мына ушуларды көрдү. Сен көргөздүң. Бирок, өзүң ошол дүйнөдөн, анын дүйнөсүнөн Аккуу болуп учуп чыктың. Ошол элесиң анын карегинде улам кайталана берди.Тыным- сыз учуп баратканы менен каректен кайым болуп кетпеди. Биротоло мейкиндикке сиңип кетпеди. Жакын эле жерде, көз алдында закымдайт. Колун созсо жетчүдөй. Жан дүйнөсү ага умтулат. Бирок, жетпейт. Аккуу болсо бир орунда чабыттап учуп барат…

Өйдө турду. Тумпочканын үстүндөгүбанкеден суу ичти. Үшүп, денеси калтырап чыкты. Төшөгүн алып жамынды. Башы дале айланууда. Шыптын тиги бурчунда апакай канаттуу Аккуу.. Башын силкип алды. Анан жана Анара коюп кеткен нерсе эсине кылт этти. Шарт тура калды. Тумпочканын үстүн карады. Наркы бурчта гезитке оролгон бир нерсе жатыптыр. Оролгон кагазды акырын ачып, ичинен баягыда Анара окуп жаткан китепти, төрт бүктөлгөн жүзаарчыны алып чыкты. Кыпкызыл, четтери жибектен чачыланган кичирээк жүзаарчы экен. Бир жак четинде жибек жип менен саймаланып жазылган жазуу бар экен. Анын эмне сөз экенин ал билген жок. Алаканына аяр салып, көз албай карап олтурду. Бир оокумда көзүнө толо калган жылуу жаш аны кыпкызыл жалынга айлантып, кубултуп жиберди. Ошол жалындын арасынан Анара жылмая карап турду. Акун аны аяр бүктөп, жүрөгүнө бекем кысты…
Мезгил дегениң – тулпар го. Тулпардын да туягы кетилип, аягы талыйт. А мезгил андай эмес. Аны менен жарышып болбойт. Ошон үчүн мезгил. Анара кеткенден бери үч күн зуу койду. Акун өз ою менен өзү алек. Баягы жардан дале чыга электей. Дүйнөдө жалгыз калгандай. Ошо дүйнө болгон ажарынан ажырагандай. Анын жарыгынын да, караңгысынын да мааниси жоголгондой. Жакында боло турган операция дагы. Ооба, ал үчүн анын да кызыгы жок эле. Эми балдак менен, же балдаксыз басабы – айрымасы кайсы. Көңүлүнө кыттай уюган ушул оюнан алыстай албай койду. А карегиндеги Аккуу дале учуп баратты…
Күндөлүк обход. Кезек Акунга жетип, врач анын кан басымын, анализдеринин жыйынтыктарын сестра көтөрүп келген журналдан көрүп жатты. Ушул учурда Акундун көөдөнүнө капысынан бир ой тык этти: «Кетем. Бул жерден кетүү керек. Тезирээк». Ушул ой ага канат бүтүрүп жибергендей ку- банып кетти. Анан врач ооз ача электе чечкиндүүлүк менен:
– Эже, мен кетем, – деди. Асия Валиевна аны түшүнбөй карап калды. Анын тамашалап, же чындап жатканын ажырата албай турду.
– Кетем деген эмнеси? Кайда, эмне үчүн? – деди кыйладан кийин.
– Үйгө. Менин кетишим керек. Мында эми бир күн кала албайм. Буга ишенип коюңуз. – Ал мурдагыдай эле чечкиндүү, токтоо сүйлөдү.
– Сен эмне, мени менен тамашалашкың келип турабы?
– Жок эже. Бул чыным.
– Уулум, бүрсүгүнү сага операция жасайбыз. Же сен эмне, операцияны оюн катары көрүп жатасыңбы? Кетем деген оюңду башыңдан алыс ыргыт. Экинчи минткениңди укчу болбоюн.
– Асия эженин ачуусу келгени үнүнөн билип турду.
– Эже, түшүнүңүз, менин сөзсүз кетишим керек.
– Түшүнбөйм. Сени айыктырууга кылып жаткан аракетибиз, эмгегибиз менен эсептешкиң келбейби? Же өмүр бою балдак менен жашагың келеби? Эгерде ошондой болсо – кете бер. Эсиңде болсун, бул үчүн бармагыңды тиштейсиң. Бирок, кеч болуп калат. Ушуну ойло.
– Сиздерге ыраазымын, эже. Жакшылыгыңыздарды эч убакта унутпайм. Бирок эже, менин кетишим керек. Мени кетириңизчи. Суранам.
– Деги, жай түшүндүрчү. Эмне үчүн кетишиң керек? – Врач катуу айтуу менен эч нерсе өзгөртө албасын түшүндү. Эми акырындык менен сөзгө алып, операциянын зарылдыгын түшүндүрүүнү ойлоду. Бул баланын бая күнү Анараны кантип узатканын көргөн. Суукка сенейип, тепкичте турган жеринен өзү жетелеп келип жаткырып, жылуулап жаап койгон. Жатып алып буркурап ыйлаганын көргөн. Бул балага ошондо эле түшүнгөн. Азыр ошону эстеди. Бирок, ошол окуянын минтип тескери айланып кетээрин ойлогон эмес. Көрсө…
– Мен сизге эч нерсе түшүндүрө албайм. Бир гана айтаарым – кетем. Бүгүн. Азыр. – Акун көшөрүп турду. Негедир өзүнүн ушунчалык өжөр, көк экенин билбептир. Азыр ушуга таң кала түштү.
– Профессор Алиев…
– Профессор Алиев да мени токтото албайт.
– Акун врачтын айтып келаткан сөзүн оройлук менен жулуп алды. Жаш баладан мындай чектен чыккан оройлукту күтпөгөн эженин чындап кыжыры келди. Бир четинен ызалана түштү. Бирок, ал өзүн токтоо кармоого тырышып жатканы сезилди. Колундагы журналды сестрага шарт карматты. Ал чала кармап алып, жерге түшүрүп жибере жаздады.
– Болуптур. Келечегиңе балта чаап жатасың. Кийин өкүнүп каласың, уулум.
– Мейли. Өкүнсөм – өзүм өкүнөм.
Асия Валиевна шарт бурулуп, башка оорулууларды карабастан чыгып кетти. Акунду жаман көзүменен бир карап алып, сестра жөнөдү. Эженин ачуусун келтирип, нааразы кылып алганына ичи ачышты. Өзүнө өзүнүн кыжыры келди. Көңүлү ооруксунду. Антсе да көкүрөгүнө орноп алган оюнан кайткысы келбеди. Ал үчүн азыркы кезде андан өткөн маанилүү нерсе жок болуп турду. Башкасы жөнүндө ойлогусу келбеди. Ошондуктан анын өтөөсүнө тез арада чыгышы керек эле. Врачтын артынан докдурлар олтуруучу кабинетке кирди. Анда профессор Алиев жок эле. Обходдо жүргөн болуу керек. Асия эже жаңыдан эле кирип, үстөлгө олтурган. Кошо кирген Акунду суз карап койду. Анын бул көз карашы жек көрүп жаткандай сезилди. Андан жалтанып, жанагы өжөрлүгү майтарыла түшкөндөй болду. Жерден башын көтөрбөй «кечириңиз, эже» деди. Оозуна андан башка сөз кирбей кайра тартты.
Залда азга туруп, палатаны көздөй илкиди. Жанынан өйдө-төмөн өтүп жаткан адамдарга көңүл бөлбөй, шылкыйган боюнча баратты. Кимдир бирөөгө балдагы чалынып, жыгылып кала жаздады. Анан жетинчи палатанын тушуна келди. Буттары шилтемге келбей токтоп калды Көз кыйыгы менен акырын карады. Эшиги ачык туруптур. Анаранын ордунда бетинде бир аз тырыгы бар, чачы узун бейтааныш аял олтуруптур. Нары жакта Уруйпа чачын тарап атат. Баардыгы мурдагыдай. Баардыгы тааныш. Болгону мына бул бейтааныш аял. Анан Анаранын жоктугу. Болбосо мурдагыдай. Бирок, азыр бул палата аңгырап ээн калгандай көрүнүп кетти. Ушундан улам ичиркенип, жүрөгү ачышты. Көзүнө жылуу жаш ирмелди. Жаңы келген аял бул баланын жалдырап карап турганын көрүп, негедир ыңгайсызданып кетти. Өз иши менен алаксымыш болуп, алдыртадан кайра карады. Тиги бала дале карап турган. Акун анын көз карашынан селт этип, нары басты. Тумпочканын үстүндө парафин турган. Бирок, аны баскысы келбеди. Лангеттерди чечпестен жата кетти. Сестра келип жемелээрин билсе да жөн койду. Парафинди үч күндөн бери коё элек эле.

Баятан бери шыпты тиктеп жаткан Акун уктап кетүүгө аракеттенди. Бирок, мунусунан майнап чыкпады. Ойлогон ою жанына тынчтык бербей, улам алдыга жетелеп түрткүлөй берди. Мезгил өтүп жатты. Ансайын чыдамы кетет. Кургакта калган балыктай сезет. Негедир палатадагылар да үн чыгарып коюшпайт. Дүлөй тынчтык өкүм сүрөт. Эртеден бери Райымдын да ыкшыган күлкүсү билинбейт. Көрсө жымжырттыктын да өз салмагы болот турбайбы. Ага чыдабаган Акун ордунан турду. Терезеге келди. Күн чайыттай ачык. Жаркын нуру карга чагылышып, көздү уялтат. Көчөдө демейдеги эле көрүнүш. Бир топко карап турду. Анан профессордун кабинетин көздөй жөнөдү. Ал мунун бүгүнкү кылыгын толук уккан экен. Кирип барганда жанына олтургузду. Эмне үчүн кеткиси келип жатканын түшүнүүгө аракеттенди. Бирок, андан өзүн ишендирип, канагаттандыра турган жооп ала албады. Бала кете тургандыгын гана айтып көшөрүп тура берди. Ал жанагы өжөрдүгүн кайра карматты. Профессордун кеп-кеңеши да, акыл-насааты да таасир эте албады. Көнбөсүнө көзү жеткенден соң Асия Валиевнаны чакыртты. Ал кирип келип, мында олтурган Акунду көргөндө жүзү суздана түштү. Муну ал дароо баамдады.
– Бул жигитке эмне дейбиз, – деди профессор андан кеңеш сурагандай.
– Бул үчүн операция…
– Эми мага эч кандай операциянын кереги жок. Менин кетишим керек.
– Акун врачтын сөзүн дагы жулуп алды. Ал кызара түшүп унчукпай калды. Ийнин куушуруп, профессорго карады. Ал да унчукпай Акунду ынтаа менен карап турду.
– Болуптур анда. Сенин каалооңсуз операция жасабайбыз. Кеткиң келсе кете бер. Кармабайбыз. Бирок, жарым жылдан кийин келишиң керек. Бул өзүңө гана зарыл. Түшүнүктүүбү?
– Түшүнүктүү. Сөзсүз келем.
– Эми анын үнү ишенимдүү, жеңилдегендей чыкты. Ал үчүн азыр бул жерден бошонуп чыгуу керек эле. Кайра келүү, же келбөө жөнүндө ойлогон жок. Алдыда бир гана максат – кетиш керек.
– Сен лангеттер менен кете албайсың. Протез аппа-ратын кийишиң керек. Буттарың али алсыз, – деди про-фессор. Анан врачка кайрылды:
– Асия Валиевна, бүгүн машина чакыртыңыз. Протез заводуна алып барып, аппаратка заказ бериш керек.
– Жарайт. – Ал старший медсестрага бир нерселерди айтып жаздырды.
– Ал качан даяр болот?
Акундун суроосуна врач кайрылбастан кыска жооп берди:
– Он күндөн кийин.
Түштөн кийин машина келип, аны протез заводуна алып барып келди. Ошентип ал камалган жардан чыгып кете турган төтө жол тапты. Бирок анын туура, же туура эмес жол экенин өзү айрып биле алган жок. Чындыгында билгиси деле келбеди. Эми ошо учу кыйры жоктой көрүнгөн он күндүн өтүшүн зарыга күтүп жатты.
– Акун, сага бир сөз айтайын деп турам. Угасыңбы? – деди бир күнү Жолдош керебетте жаткан Акунга акырын гана. Ал жанатадан бери комузун кыңгыратып, же бир күү чертпей, же коюп койбой терезеге карап телмирип олтурган. Палатада ал экөө эле болучу. Ишен көмкөрөсүнөн жаткан боюнча уйкуда. Райым адаттагысындай эле чүмкөнүп алып ыкшып жатат. Анын бары-жогу менен эч кимдин деле иши жок.
– Айтыңыз.
– Сен али жашсың, баласың Акун. Келечегиң алдыда. Өз теңдүүлөрүңө караганда сен бир кыйла эстүүсүң, зээндүсүң. Сүйлөп олтурсаң кээде кичинекей абышкага да окшоп кетесиң. Бул эми сенин кичинекейиңден тартып тагдырдын запкысын көтөрүп жүргөндүгүңдөн болсо керек. Ошондуктан мага түшүнөсүң го деп ойлойм. Операция жасатышың керек эле. Эми бир жолу чыдап койсоң жакшы болмок. Профессор баягыда балдаксыз басып кетишиң мүмкүн дебедиби беле. Митяны көрүп жүрөсүң го. Анын оорусу да сеникиндей экен. Полиомиелиттин экинчи фазасы. Мына, акыркы операциядан кийин балдаксыз басып жүрбөйбү. Сен да басып кетесиң. Буга ишенишиң керек. Адам үчүн эң негизгиси – ден соолук эмеспи. Дениң сак болсо баардыгы табылат. Кыздар да сенден качпайт. Эмне үчүн кетем деп жатканыңды түшүнүп турам. Турмуш деген ошондой. Бирок, табылгага да, жоготууга да сабырдуулук менен кароо керек. Сен бүгүнкүнү ойлобо. Анткени анын өмүрү кыска. Күн менен кошо батып кетет. Эртеңкини, келечекти ойло. Али кеч эмес.
Жолдош дагы бир топ сүйлөп олтурду. Аны Рай да коштоп кетти. Анын качан кирип келгенин эч ким байкабаптыр. Бирок, Акун үн катпады. Тигилердин агалык кеңештерине ичинен ыраазы болуп, баардыгын туура көрүп олтурса да лам деп ооз ачпады. Ага кошула албады. Макул таппады. Дагы сегиз-тогуз ай мында жатууга чыдай албайт эле. Ал азапты көтөрүүгө кудурети жетпейт эле. Оо, эгерде Анара болгондо… Анда бир эмес үч, ал түгүл беш операцияга макул болуп, бир нече жыл болсо да кала бербейт беле. Тигилерди мелтиреп угуп олтурганы менен ою алыска, Анаранын Аккуу болуп закымдап бараткан элесин кубалап жөнөгөн. Ошондук-тан тигилер анын эмне ойлоп олтурганын билишпеди. Айткандары таасир эттиби, же жокпу – белгисиз бойдон калды.

Түн. Палатадагылар бейпил уйкунун кучагында мемирешет. Көчөдөгү тынчтык бербеген машиналар да анча-мын-ча сээлдеп калган. Акун дале уктай албай ойлорго чайналат. Мына, зарыгып күткөн күн келип жетти. Таң атса үйгө кетет. Бул анын ооруканадагы акыркы түнү. «Анара! Менин асыл Анарам! Ооба, менин дегенге таң калба. Туура, менден өтө алыстасың. Сунган колум жетпейт. Бирок, сенин жылмаюуң, элесиң менин жүрөгүмдө. Аны эч ким тартып кете албайт. Уурдап кете албайт. Андай кудурет жок. Демек, ал меники. Бактым ошондо. Арманым ошондо. Мурда тагдырга көп наалыгам. Ага нааразы болгом. Көрсө жаңылыптырмын. Андан кечирим сурайм. Мындан ары антмей жок. Боло турган азап-тозокторун кыңк этпей көтөрүүгө кайылмын. Себеби ал мага сени кезиктирди. Өмүрүмдөгү чоң табылгам ушул болду. Ырас, жүрөгүмдө сенин элесиң менен жылмаюуң гана калды. Сен өмүрүмдө бир жарк этип кайра сөнгөн чагылган болдуң. Да бир жолу жарк этишиңди самайм. Балким, бул мага буйрубагандыр. Мейли. Мага ошол бир жарк этишиң эле жетишет. Ошонуң эле уйкудагы сезимимди ойготуп, ага махаббат аттуу ыйык гүл өстүрдү. Мен эми ошо гүл менен жашайм. Ошол гүл менен ырахаттанам. Ошол гүл менен азаптанып жүрүп өтөм…»
…Машина короодон чыгып баратканда Акун артына дагы бир сапар кылчайып карады. Бүткөн бою дирт этип, жүрөгү булкуп алды. Денеси чымырап, чекеси нымшый түштү. Анткени эшиктин алдында Анара туруптур. Ал баягы Акун турган тепкичте туруп алып, кол булгалап жатыптыр. Акун көзүн жуумп жиберди. Анын өтүнүчү менен машина артка жылды. Анан көзүн ачып Анараны карады. Эми эле алып учкан жүрөгү тыз этти. Анара жок эле. Анын ордунда Ира аттуу корейка кыз турган. Шалдырап, көздөрү тумандап олтуруп калды.
…Жүргүнчүлөргө жык толгон чоң автобус тайгак жолдо аярлай баратты. Акундун каректери анын терезесинен аттап өтүп, тээтиги ак калпак кийген залкар тоонун чокусунда оболоп учуп бараткан Аккууну кубалап, аркасынан сая түшүп, даң салып жөнөдү…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Кимдир бирөө анын ийнине акырын колун койду. Ал селт эте баш көтөрдү. Эмелеки көз учунда закымдап бараткан Аккуу заматта закымга сиңип кетти. Ал учуп бараткан сөөлөттүү тоолордун ордуна мостойгон бейит, таш бетиндеги мелтиреген жансыз сүрөттөр пайда болду. Торгойлор дале сайрап жатышат. Куран окулуп бүтүп калыптыр. Бата тиленген соң, табыттын жабуусун сыйрып салышып, сөөктү көтөрүп жайга алып киришти. Акундун көз алдында күндөн бүткөн, айдан бүткөн бир мунара кулап түштү. Дүйнөнүн бир ныптасы оңурайып, көз кумары канбаган көркөмү кемип, сөөлөтү бөксөрө түштү. Ошо жерде чаң ызгыткан муздак шамал гана дуулдап, өз бийлигин жүргүзө баштады. Жанагы торгой эми ошол мунараны таба албай, анын быркыраган урандыларында чар-көпөлөк боло айлана учуп арманын айтып, өксүгүн айтып, бу жарыкчылыктын опасыздыгын айтып сыздап кирди. Жоготуу жөнүндөгү мындан аркы бүтпөс дастанды жар салып кирди. Сайсөөктү сыздата безеленип жатты. Акунга ушундай сезилди…
Адамдар биринин артынан бири жерден жаңы казылган топурактан уучтап, казылган жайга таштай башташты. Акун да балдагын колуна ала эңкейип, бош топурактан бир ууч алып, нары жактан сунулган күрөктүн бетине салды. Карышкан колу араң ачылды. Алакандай күрөккө уучтап топурак эмес, жүрөгүнүн тең жарымын жулуп алып салып жибергендей боздоп жиберди.
– Кайрат кыл эми, Акун. Өлүм деген адамга моюн сунбаган нерсе экен, айла жок. Өлгөндүн соңунан өлмөк жок. Ден-соолугуңа кара, минтип жарым жан болсоң, айланайын, – деди жанында турган карыялардын бири.
– Уучуң куру эмес, Акун. Бечара келин үч туяк таштап кетти. Эми алардын милдети жалгыз сенин мойнуңда, балам. Ошолор үчүн белиңди бекем буу, – деди дагы бири. Бекенди көтөрүп кеткен Өмүр келип:
– Бекен, апаңа топурак салагой, – деди. Бекен элдин эмне кылып жатканын бир, табытты бир карап алып, анан бакырып жиберди:
– Жок, апамды көмбөйм. Ата-аа, апамды көмдүрбө. Апа-аа-аа! Апама бара-аам!
– Ал чыңырган боюнча абасынын колунан чыгып кетүүгө аракеттенип, казылган жайга кирип барууга умтулуп жатты. Абасы кайра көтөрүп алып, четке чыгып кетти. Кыйладан кийин жоошутуп, алдап-соолап алып келди окшойт. Мытыйган колу менен топурак уучтап алып, жайга таштады. Эл салып болгон соң жигиттер үйүлгөн топуракты кетмендеп, күрөктөп күпүлдөтүп көөмп киришти. Какшыган чаң көтөрүлүп, жайдын айланасында боз туман пайда болду. Четке чыгып олтуруп, андан көзүн албай мелтирейт. Кулагында уулунун кулундай чыңырган үнү жаңырат. Көрүнбөгөн торгой дале безеленүүдө.

«Оо опаасыз дүйнө! Оо каран калган тагдыр! Деги сен кандай немесиң а? Сен ушунчалык кайрымсыз белең? Ушунчалык таш боор белең? Төрт тарабы төп келген келин эле го, бечара. Ошо менен эзели толбогон бөксөңдү толтуруп, бүтөлбөгөн кемтигиңди бүтөйүн дедиңби? Ушул эки пенде таш басып, чөл кезип жүрүп кошулушпады беле. Башка пенделер даай албаган дабан аркылуу бири-бирине жол салышпады беле. Ошол жолду керте чаппай эле койсоң болмок. Экөөнүн ак сүйүүсүнөн таштакка чынар өсүп чыккан. Ошонун бир бутагын сындыра чаптың, тагдыр. Эми анын чырпыктары, жалгыз калган бутагы эмне болот, катыгүн! Эми алар соолуп калаар бекен? Ташты жарып чыккан гүл өтө сейрек. Булар да ошол гүлгө окшогон жандар эле. Өз таалайларын бодур таштын арасынан жасап алышкан. Эми кызыл гүлдөй ачылып, көзгө көрүнүп калышпады беле. Буларга неге мынча каршыктың, неге мынча пейлиң тарыды? Ушундай да түбүң түшкөн тагдыр болосуңбу, балакет баскыр».
Обо жаңырткан торгой ушинтип безеленип жатты. Акунга ушундай сезилди. Уюлгуган чаңдуу туманга карап, тунжурап олтурду. Бир маалда ошо боз туманга акырындык менен сиңип баратты… Жок. Туман эмес экен. Болгону тептегерек айдын бетине сүртүнө калган үзүм булут экен. Ал жылып кетти. Айдын сүттөй жарыгы терезеден агылып кирди. Акундун жүзүнө, колундагы китепке төгүлдү. Кызыл тыштуу китеп даана көрүндү. Ал кызыл эмес, кызыл-агыш жалынга чулгана түшкөнсүдү. Акырын, аяр сылады. Бетине басты. Негедир ал жылуу эле. Анан анын ичинен төрт бүктөлгөн жүзаарчыны алып чыкты. Аны көпкө жыттап олтурду. Билинээр-билинбес атырдын жыты келди. Булгап албайын деген ниетте аярлык менен жүзүн сүрттү. Бетинен жүзаарчы эмес, кыздын назик, жумшак колу сылап өткөнсүдү. Денеси чымырап, бир жагымдуу агым каптап өттү. Айдын нуру чайыган жүзүнө жылмаюу пайда болду. Анын болгон байлыгы, аздектеп сактаган нерсеси – ушул китеп менен алакандай жүзаарчы эле. Анткени аны периштедей керемет кыз берген. Анын ууз сезимин ойготуп, анын да жүрөгү бар экенин, ал деле кадимкидей дүкүлдөп согоорун, ал деле кыйнала алаарын, сүйө алаарын, ыйлай алаарын алгач билдирген кыз берген. Ал – Анара болучу. Өзү алыста болгону менен Акундун жүрөгүндө жашап келаткан. Мындан ары да жашай бермек. Муну ал сезип, ушуга бекем ишене турган. Балким, Анара аны жөн гана ини катары, тагдырдан запкы көргөн бала катары көрүп, аяп, жумшак мамиле кылып койгондур. Көңүлүн көтөрүп койгусу келгендир. Мындан башкача болууга да мүмкүн эмес эле. Себеби ал андан үч жаш улуу болучу. Чоң турмушка жаңы кадам таштаган кыз эле. Медициналык окуу жайынын биринчи курсунда окуй турган. Келечегинин даңгыр жолуна күндүн жаркын нуру төгүлүп турган кыз болучу. А Акунчу?

Жок. Ал азыр эч нерсе ойлогусу келбеди. Жүрөгүн ооруткусу келбеди. Анткени колунда ошол кыз өз колу менен берип кеткен асыл белек бар болучу. Эң маанилүүсү ушу. Мындан башканы самап, эңсебейт эле. Айдын нуру төгүлүп, жаркытып турган ошол белегин кармап олтуруп, баягы ою кайрадан көкүрөгүнө тык этти: Ушул китепте эмнелер жазылды болду экен? Балким, Анаранын өзүнө айтпай кеткен, айтайын деген сөздөр бардыр? Ошону өзү окуп, өзү түшүнүп алсын дегендир. Ошон үчүн бергендир. Китептин аты эле көп нерсени айтып турат го. «Жашоо кумары». Кандай сонун сөз. Бул сөз анын сезимине терең синип калган. Анткени ал дайыма Анараны эстетет. А аны эстегенде ушул сөз жүрөгүнө тык этет. Ким билет, аны эстебей, аны ойлобой калган бир күнү болду бекен? Жок, болбосо керек. Кийинки кезде таап алган адаты бул – жаздыкка баш коюп уктарында кыялында Анара менен коштошуп, таңында көзүн ачканда Анара менен учурашат. Бул анын жашоосундагы медери, жашоосундагы азабы, жашоосундагы арманы, жашоосундагы кумары. Эми ошо жашоо кумарына сүңгүп кирүүм керек деген чагылгандай ой сезимине жарк этти. Бирок, кантип? Ал али сабатсыз эле…
Суу агызыш үчүн адеп арык салуу керек. Мөмө жеш үчүн адеп көчөт отургузуш керек. А китеп окуш үчүн адеп тамга тааныш керек. Аны кошуп окуганга үйрөнүш керек. Муну Акун жакшы билчү. Бирок, негедир мурда буга кызыкпаптыр. Китептердин, гезит-журналдардын сүрөттөрүн көрүү менен эле ыраазы болуп калчу. Көрсө бул аздык кылат экен, бул болбогон нерсе экен. Башка китептерди окубаса мейли, бирок бул китепти сөзсүз окуу керек. Окубай коюшка мүмкүн эмес. Болбосо көп нерседен куру кол калышы ыктымал. Тезирээк окушу керек.
Эмки мүдөөсү, жашоодон күткөнү, эңсөөсү ушул гана болуп калды. Аптаптагы солуп бараткан гүл тамчы сууга кандай зар болсо, ушул ойдун өтөөсүнө чыгуу үчүн дал ошондой зар болду. Кимдир бирөөгө окутуп уккусу келбеди. Анткени китептин асыл куну кемип кете тургандай, өзү гана билүүгө тийиш болгон сырды ошол киши билип алчудай, ошого орток-тош болуп калчудай сезди. Аны өзү гана окууга, өзү гана билүүгө тийиш болучу. Анткени анда Анаранын өз сөзү, болгондо да Акунга атайы айта турган, ага гана арналган сөзү жазылгандай сезип, жүрөгү өрөпкүй берди. Демек, мындай жолго түшүүгө болбойт эле. Бул максатка алып баруучу бир гана жол бар эле. Ал – өзү окуганга үйрөнүү. Антпесе мындан ары чыдамы жетпөөчүдөй. Китепти окуса эле саргайган сагынычы, көкүрөгүнө кабат-кабат жыйналган кусасы тарап кетчүдөй, ошондон кийин гана жаны жай алып калчудай боло берди. Акыры бул байлоону жырып кеткен сел сымал ачыкка чыкты. Бир күнү сабактан келген Зина эжесине кайрылды:
– Эже, мен бир нерсе өтүнсөм макул болосуңбу?
– Ал эмне өтүнүч экен? – Зина инисине кызыгуу менен карап калды. Анын жүзүнөн кандайдыр бир олуттуулукту байкады.
– Макул десең гана айтам.
– Мен сенин өтүнүчтөрүңө качан жок дечү элем, макоо десе. Айта бер, колумдан келген нерсе болсо аянмак белем. – Зина жакын келип, аны кучактап, башынан сылады. Инисин аяп, зээни кейип кетти. Көзүнө жаш тегерене калды. Ал азыр эмнени айтса ошону жасоого ниеттенип турду.
– Мага тамга таанытып, китеп окуганды үйрөтүп койчу. – Ал ага үмүттүү карап, анан кандайдыр бир жарамсыз, колдон келбеген нерсени айтып жаткандай ыңгайсызданып, башын жерге салды. Зина таң кала карады. Мындай өтүнүч менен кайрылат деп эзели ойлобосо керек.
– Аны эмне кыласың?
– Китеп окуп олтургум келет. Же эмне, менин өмүр бою сабатсыз бойдон калышымды каалайсыңбы? – Анын үнүнөн кылт эткен таарынычтын кардыккан белгиси угулду. Зина кайра кучактап, бетинен өптү:
– Таарынбачы берекем. Мен туура эмес сурап алдым. Албетте үйрөтөм. Мурда эле айтсаң болмок.
– Анан мен деле сендей шар окуй аламбы? – Акун кубанычтуу сурады.
– Ананчы. Аракет кылсаң бат эле үйрөнөсүң. Сен бир топ чоңоюп калбадыңбы. Анын үстүнө зээндүү баласың.
– Анда баштайлы. – Эми анын үнүндө чечкиндүүлүк бар эле. Бул анын өз мүдөөсүнө жетишине демөөр болуп, көксөгөнүнө ээ болууга умтултту. Көңүлүнө канат бүтүрдү. Ар бир тамгадан Анаранын элеси жылт эте көрүнө калып, улам бир тамгага өтө качып ээрчитип жүрүп отургансыды. Ошондуктан андан ажырай албай, күнү кечке тирмийип олтурганы олтурган. Анда ал он төрт жаштан өтүп, акыл-сезими кыйла калыптанып калган. Анара менен болгон кездешүүда бир топ таасир этип койгон эле. Ооруканага ушу жолку баруусунда баё да, күңүрт да балалыгынын армандуу доорун мөөнөтүнөн мурда таштап, биротоло коштошуп келгендей сезди. Кадыресе токтоо тартты. Бул сабатын ачууга жакшы өбөлгө түздү. Бир айга жетипжетпей Зина эжеси таап келген «Алиппе» китебин кадимкидей окуп чыкты. Эми ал башка, али бейтааныш дүйнөнүн босогосун көздөй кадам таштады. Бирок, билим дүйнөсүнө алып бара турган даңгыр жол жок эле. Ага кетчү алгачкы чыйырды өзү салышы керек болучу. Анткени мектепке барып окуу, билим алуу ал үчүн кол жеткис нерсе болду. Анда эшикке эптеп кирип-чыга турган. Терезенин түбүндөгү олтургучтан мектепке баратышкан балдарды өкүнүч менен узатып кала берүүчү. Көчөдө өзү теңдүү балдар менен бирге жүрүп, шарактап бирге ойноо кайда. Аларга аралаша албай, алар билген нерселерден куру калып, чектелген чөйрөдө болуу үлүшү маңдайына жазылыптыр. Тилекке жараша дилгир, зирек, сезимтал деген нерселерди аябаптыр. Эми ошо каргыш тийген «үлүштөн» арылууга белсенип, таман тилген таштак чыйырга кадам таштабадыбы. Өжөрлүктүн, маңдай тердин акыбети текке кеткен жок. Акыры көксөп келген «Жашоо кумарына» эшик ачылды.

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Мезгил. Кандай кайрымсыз. Муну Акун жакшы билет. Убагы менен таң атып, убагы менен түн кирип жаткансыйт. Бирде асман шаңкайып ачык турса, бирде күн жаап, кар түшөт. Демек, анын дөңгөлөгү токтоосуз чимирилүүдө. Бирок, ал Акун үчүн токтоп, бир дүмүргө келип такалып калгандай. Таңдын атмагы менен кечтин кирмеги өзүнчө бир азап. Ошол азап менен жаз келип, ошол азап менен кыш узайт. Бири-бирин кубалашкан жаз менен жай, күз менен кыш Анаранын элесин улам нарылатып, улам бүдөмүктөнтүп барат. Баягы бир орундан алыстабай учкан Аккуу эми тээтиги түрмөк-түрмөк булуттарга сиңип, бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй элес-булас болуп отурду. Бир күнү караса – жок. Көздөн кайым болуптур. Анын ордунда – аңырайган боштук. Жан дүйнөдөгү боштук. Аны эмне менен салыштырса болот? Эч нерсе менен. Анын калдайган көлөкөсүн үмүтсүздүк, көңүл чөгөттүк байырлады. Ошо экөөнүн мелтиреген көлмөсүнө чөгө баштаганын сезди. Бу баарынан кыйын, коркунучтуу эле. Мындан чыгууга адамдар да көмөктөшө алмак эмес. Антени алардын жашоо-турмушу башка, аныкы башка болучу. Акун адамдар жашаган чөйрөгө, коомго кире алганы жок. Коом деген нерсеге анын, андай кишилердин кереги жок эле. Ырас, майыптыгына пенсия чегерип беришкен. Мына ушул гана коом менен анын жалгыздыгынын (моралдык) ортосундагы чарык жиптей болгон байланышты түзүп туруучу. Жок, жашоо менен болгон дагы бир байланышы бар эле. Ал али үзүлө элек болучу. Бирок, аябай чыңалып турган. Ал – «Жашоо кумары» китеби. Бир гана ошону караан тутуп, көлмөдөн чыгууга ошондон жардам күтүп калган. Колунан түшүрбөй, канча ирет окуп чыкпады дейсиң. Көп беттерин жаттап да алган. Жатып алып да ичинен кайталай бере турган. Акыры түшүндү. Анаранын ага эмне айтмакчы болгонун түшүндү. Көрсө ал: «Жашоо деген айтып бүткүс зор дастан, Акун. Анын асылы да, азабы да арбын. Асылына ашкере балкып, азабына чөгүп кетпе. Билл сыяктуу эрктүү, туруктуу бол. Кыйын-чылыктарга тике карап, жалтанбаган адам бол. Ошондо гана жеңишке жетишесиң. Эрктүү бол», деп айткысы келиптир. Түшүндү. Кыйла чыйралып алды. Көлмөгө Анаранын өзү аркан ыргыткандай болду. Биллдин ордуна өзүн койду. Чөгүп бараткан көлмөдөн чыгууга далбас урду. Жашоо кумарынын отун жаккысы келди. Ушуга жан үрөдү. Бирок, болчудай эмес. Анткени ал Билл эмес болучу. Болгону кош балдакка күнү түшүп, мүңкүрөгөн мажүрөө бир пенде эле. Андыктан куру кайрат суу көрбөгөн дарактай куурай берди. Мезгилдин өтүшү баягы көлмөгө тереңдетип чөгөрө берди. Көөдөнүндөгү боштуктуктун чегин кеңейте берди. Эми ага бүтүндөй дүйнө батып кетмек. Анын салмагына туруштук берүү кыйын эле. Ким билет, көкүрөктөгү боштуктун салмагы болчу беле, кара баскыр, дечүлөр да табылаар. Талашпайм. Аны сезиш үчүн Акун болуп төрөлүү керек. Акун болуп жашоо керек.

Ооба, жашоо керек. Өмүр ошон үчүн берилген. Бирок, кантип? Сел алган көпүрөнү кайра салууга мүмкүн. Үзүлгөн жипти улап койсо болот. Өчкөн отту кайра тутантып койсо болот. Сынган темирди жаңысы менен алмаштырууга болот. Куурап калган даракты түбүменен казып таштап, жаш чырпыкты сайса болот. Деги, көп нерсени жасоого болот. Ал эми тайкы тагдырды, талкаланган ден соолукту эмне кылса болот? Аны эмне менен алмаштырса болот? Ылаажысын кайдан, кантип табуу керек? Өмүр бир гана жолу берилген. Бул эми эзелтеден бери маалым дечи. Аны төшөктөн тура албай, тагдырдын кордугун, азабын, ызасын жүктөнүп өткөр деген эмес. Бул адилетсиздик болмок. Муну менен келишүүгө болбойт. Моюн сунууга болбойт. Күнүмдүк тойгонго канагаттануу – жашообу? Албетте жок. Буга жылан деле жарай алат. Ата-эненин тырмалаңдап жүрүп таап келген биртке оокатын жатып алып жалмай берүү– жарыкчылыкка келгендеги мүдөөсү, жашоо максаты ушубу? Деги, мунун акыры болобу? Же өмүр деген ыйык нерсе бир гана ушу… ашыкча, керексиз бир «түгөттүн милдетин» өтөө үчүн берилгенби? Мындан башка эч кандай үлүш маңдайына жазылган эмеспи? Тирүү болуп элде жок, өлүү болуп көрдө жок. Адам үчүн мындан өткөн кордук болорбу. Кумурска да өз нанын өзүтаап жейт эмеспи. А алчы? Ошо кумурскачалык жокпу?

Терезеге карап телмирип олтурган Акун капысынан селт этти. Бул суроо жүрөк толтосуна сайылган ийне болгонсуду. Жок, деди өз ниетинде. Мындай болууга тийиш эмес. Мындай жашоо мүмкүн эмес. Мындан ары чыдоого болбойт. Барган сайын чыдамы кетип барат. Аптаптагы муштумдай муз сыңары эрки түгөнүп барат. Мына, быйыл жашы жыйырма экиден өттү. Курбалдаштары аскердик милдеттерин өтөп келишкени качан. Айрымдары жогорку окуу жайларында билим алышууда. Айрымдары эмгектенип, эл багуунун камында. Дагы бирлери үйлөнүп, үй-жай күтүп, өз коломтосунан түтүн булата баштады. А Акундун колунан булардын бири да келбейт. Бул шыбагадан куржалак калган. Өлүмтүгүн артып, дале ата-энесинин каржайган мойнунан түшпөйт.
Ырас, кош балдак менен басат. Эшикке өзү кирип-чыгат. Бирок, өтө эле алсыз, араңжан. Кичине эле чалына түшсө – тарс жыгылат. Өзү кайра тура албайт. Фиксациялык аппарат кийгендиктен тизелери бүгүлбөйт. Бирөө колтугунан көтөрүп тургузмайынча жыгылган жеринде жата берет. Ошон үчүн көчөгө жалгыз жарым чыкпайт. Мындан ары жылыш болуп, тыңыраак басып кетээринен үмүтү үзүлгөн. Демек, эртеңки күндүн жарыгы күңүрт. Өткөнү жок. Учуру жок. Келечеги жок адам. Ушундай да болобу? Ал өзүнчө чыйрыгып кетти. Өз эркине моюн сунбай көзүнө жаш ирмелди. Анан бет ылдый куюлуп кирди. Көөдөнүнөн бир нерсе кырс этип сынып түшкөнсүдү. Көз көрүнөө алсырады. Сормо сазга акырындык менен чөгүп баратты. Ушундай абалга тушукту. Мындан чыгуу керек эле. Жол, бир ылаажы издөө керек эле. Ал издеп жатты. Чымырканып издеп жатты. Анткени саз улам соруп…
Капысынан эшик ачылды. Шамил экен, ал жакын жолдошторунун бири эле. Негедир кийинки кездери ага көп кирбей калган. Бир кыйла кызып алыптыр. Мунусун көрүп ичинен жактыра бербеди. Негизи ал ичкен кишилер менен негедир алакасы келчү эмес.
– Кандайсың Акун? Көптөн бери кезигишпей кеттик. Кол бошобойт.
– Жакшы. Сени бир жакка кеткен го деп ойлодум эле.
– Ызарга кетти дейсиңби? Бу жерде элемин. Тирүү жандын көроокаты түгөнбөйт турбайбы. Бирин жасасаң дагы бири чыгат.
– Жашоо деген ошонусу менен кызык да, Шамил.
– Ай, жашоосу менен да жамыран калсынчы. Кээде баардыгынан тоюп кетесиң. Баардыгына кол шилтеп салгың келет.
– Анчалык эмне болду?
– Каргаша деген нерсе койнуңда жаткан катыныңдан чыкса жаныңдан аша кечпей көрчү.
– Түшүнбөдүм. – Акун сөздүн узарып кетишин каалабаса деле сурап койду. Анын үстүнө ал кызып келгенде оңой менен кетпей турганын жакшы билчү. Бир четинен аны менен маңызы жок маек болсо да бир аз алаксып олтургусу келди.
– Сенден жашырган сыр курусунчу, Акун. Алты саным аман, даң салып жүргөнүм менен мени сенчелик түшүнгөн жакын курбуларым деле жок экен. Ошондуктан ичтеги күйүтүмдү бөлүшкөнү келдим.
Акун аны кунт коё карады. Чынында аны өзүнүн ачуу-таттуусун тең бөлүшө турган жолдошторунан деп деле эсептей алчу эмес. «Ырас болбодубу, өзүмдүн күйүтүм аздык кылып жатты эле» – деп ойлоду. Бирок унчуккан жок. Балким, мунун деле бир арманы бардыр.
– Ошончолук эле кыйын абалда калдыңбы?
– Бүгүн түрмөдөн чыгып келатам.
– Койчу, эми балээ болбодубу. Ал жакка эмне болуп түшүп жүрөсүң? – Акун чындап эле чочуп кетти.
– Коркпо досум, киши өлтүрдү дейсиңби. Ичип келгенде аял деген унчукпай эле койсо тыпыйып жатып аласың да. Жок, алардын тили дал ошондо кычышып турат десең. Анан муштумуң өзүнөн өзү дал көздөн чагылган чыгарат да. Ошо. Асипанын бир эмес эки көзүнөн чагылган чыгарып коюптурмун. Он беш суткага каматып салып атпайбы, иттин катыны.
– Чын эле каматып салдыбы? – Ал ага ишене албай да турду. Анын аялын да жакшы таанычу. Мынчалыкка барат деп эч ойлобогон.
– Койчу досум, сени ушундай нерсе менен тамашалап башыма эмне күч келди эле. Түрмөдөн чыгып келатышым ушу. Катынын сабап түрмөгө түшөт деген эмне. Андан көрө бир чоң кылмыш кылып отурган жакшы эмес беле. – Ал шолоктоп ыйлап кирди.
– Кой Шаке, эр жигиттин башына нелер келип, нелер кетпейт. Балким Асипанын жанына баткандыр. Аялдарга кол көтөрүүнүн өзү жакшы нерсе эмес го.
– Асипадай катын менен бир ай жашап көрсөң таптакыр башкача сүйлөмөксүң. Бу тирүүлүктө эркин басып, эркин тургандан өтөрү жок экен. Анын кадырын эми билдим. Ошону жууп берейин, Акун. – Ал колтугундагы баштыктан чоң бөтөлкө вино алып чыгып столго койду. Туруп барып эки стакан менен бир сындырым нан алып келди. Кырбылуу стакандарга толтура куюп, бирин Акундун, экинчисин өзүнүн алдына койду.
– Албетте, түрмө менен мүрзөнүн бетин ары кылсын. Бошонуп чыгышың менен куттуктайм. Бирок мунуңду иче албайм. Мени кыйнаба. – Акун столдон кетенчиктей олтурду. Чынында мурда ичкилик ичип көрбөгөндөн кийин ичкенге көңүлү чаппай турду. Бирок, Шамил стаканды анын колуна карматты.
– Ичпесиңди билем, Акун. Ичкилик жерге кирсин. Баардык балээнин башаты ушунда болуп жатпайбы. Бирок, кээде мындан өткөн жыргал жок. Туура, буга ишенбейсиң. Анткени даамын татып көрө элексиң. Көңүлүң чөгүп, дүйнөң тарып турган чакта мындан кабелтең басып алсаң – башка дүйнөдө болуп каласың. Сенин абалыңды түшүнбөйт дейсиңби? Жок досум, баарын түшүнөм, кантесиң, колдон келбейт. Кел, ушуну албасаң болбойт. Мен десең – алып жибер. – Ал стаканды анын оозуна жакындатты. Акун эки оттун ортосунда калды. Ичкиси келбесе да көөдөнүндөгү көлкүлдөгөн букту тең бөлүшөйүн деп атайын келген жолдошунун шагын сындырып алууну каалабай турду. Анан стаканды алды да, көзүн жума шарт тартып жиберди.
– Мына, эми сени чыныгы жигит деп айтса болот. Мага пейилиң түз экен, ырахмат. – Ал ыраазы боло Акунду кучактай өптү да, колундагысын шашпай ырахаттана кылкылдата жутту. Чын эле, көрсө ал жөн жеринен ичкиликти көкөлөтпөптүр. Аздан соң Акундун жарпы жазыла, түнөргөн асманы ачыла түшкөнсүдү. Көкүрөгүн думуктурган санаалар шамалга сапырылган самандай кайдадыр житип кеткенин сезди. Ушу бир стакан вино ушунчалык жеңилдетип коёрун ойлобоптур. Көрсө жакшы нерселер да бар турбайбы. Экинчи стакан оңой көтөрүлдү. Анан үчүнчүсү.
– Эми сенин эркиндикке чыгышыңды мен куттуктап берейин. Дүкөнгө барып дагы бирди көтөрүп келе кал. – Акун чөнтөгүнөн акча алып Шамилге сунду. Ал лып илип алды да, ордунан шаша турду.
– Чыныгы дос деген мына ушундай болот. Менин кайгыма ортоктош болоруңду билгем. Ырахмат, досум. – Ал чалыштай баштаганын билгизбеске тырыша тез чыгып кетти. Мурда бул жигитти жөнү жок жеринен эле жактырбай жүргөнүнө ичинен өкүнүп койду. Жаман деле неме эмес экен. Бир маалда көздөрү тумандап, кандайдыр бир жумшак булуттун арасында жүргөндөй сезди өзүн. Маңдайында олтурган Шамил бир нерселерди тынымсыз божурап сүйлөп жатты. Бирок кеп эмне жөнүндө болуп атканын түшүнө албады. Жыл-майып карап, анда-санда башын ийкеп коюп олтура берди. Ал азыр өз ою менен өзү алек эле. «Менин кайгыма, менин күйүтүмө караганда мунуку эмне – түккө турбаган бир нерсе. Аялын сабап түрмөгө түшүү– чынында жигиттик эмес. Эгерде менин ден соолугум ушунукундай болсо, күчүмдү аялыма эмес, башка нерсеге көрсөтмөкмүн. Оо, анда тоону түздөп талаа кыл десе кетменимди көтөрүп алып чуркап жөнөмөкмүн. А бул досум Кудай берген ден соолугунун кадырына жете албай… Жок, менин ичпешим керек. Мага ичүүгө болбойт. Атамдар көрсө эмне дейт? Жок, бул биринчи, анан акыркы ичишим». Минтип ойлогону менен колу өзүнөн-өзү көтөрүлүп барып, стаканды алып жатты…

Адатта «адамдын ойлогон оюн кыстаган турмуш жеңип коёт» дешет. Кезинде бул деле төгүн жеринен чыкпаган болуу керек. Анысы кандай Акундун мындан ары ичпейм деген оюн деле ошо турмуш деген нерсе жеңип кетип жатты. Баягы Шамилдин «эркиндигин» куттуктаган күндөн тарта вино деген жаңы «дос» тапкандай болду. Ал «досу» көкүрөгүндөгү катмарланган датын жууп, арманын жеңилдетип кайдадыр бир санаасы жок, ыйы жок каалгыган дүйнөгө алып жөнөйт. Убактылуу, көз ирмем болсо да ошо дүйнөдө болгусу, баардык нерсени унутуп койгусу келет. Бул баягы чөгүп бараткан саздан да сууруп чыгарып койгон. Эми ал коркунучтуу эмес. Ага жакын келатканын сезер замат «досу» жардамга келет. Мындай ишеничтүү «дос» тапканына, аны менен «тааныштырган» Шамил досуна ыраазы. Эми ал дагы тез-тез каттачу болгон. Бүгүн да келди.
– Кандай Акун?
– А Шаке, кел. Жакшы, кайдан?
– Бу таңырайган иттики, мурундун жытчылдыгы өзүнчө бир балээ турбайбы. Көчөдөн өтүп баратсам сенин алган пенсияң жыттанып атпайбы, кара басып. Анан кыя өтө албай эле кайрылып калдым. – Ал өзүнүн сөз тапкычтыгына маашырлангандай каткырып күлүп калды. Аны Акун да коштоду.
– Анда мурдуң машкеникиндей эле экен. Туура жыт алган экен. Эми атка жеңил, тайга чак өзүң эмессиңби, барчу жериңе декилдеп жетип барып келе кал. Же өзүм чуркаймбы? – Акун туруп жөнөчүдөй обдулуп койду.
– Буйруса андан да тажап туруучу күн келер, досум. Кудай ошондой күнгө тез жеткиришин тилейли. А бүгүнчө өзүм эле декилдейин. – Ал Акун сунган акчаны шып ала чыгып жөнөдү.
– Акун, ак ит кайсы, кара ит кайсы баары бир ит эмеспи, туурабы. Иши кылып үрүп берсе болду да. Ошондуктан муну алдым. – Ал стол үстүнө бир бөтөлкө аракты койду. – Винону аялдар эмес кыздар ичип жатышпайбы. Эми сенин «стажың» деле жетип калды, андыктан вино ичкениң уят. Кел, акка өтүшүң кут болсун. – Шамил аз бөксө арак куюлган стаканды ага сунду. Акун бир аз кыйылып, батына албай турду да, чымыркана түшүп алып жиберди. Тиги ыраазы боло бажаңдады:
– Азаматсың, Акун. Башкысы – чөкпөш керек. Калганы акырындык менен болот. Бул жашоого бир келгенден кийин колдон келсе ичип, жеш керек. Өлгөндөн кийин сага кайдагы арак.
– Бирок адам деген бул дүйнөгө арак ичиш үчүн төрөлбөйт да, Шаке. Кандай дейсиң?
– Туура, сенин эмне айтарыңды билип турам. Сен дайыма башкача ойлоп, башкача сүйлөйсүң. Бирок бир гана оюң менен, бир гана кыялың менен жашай албайсың. Турмуш дегениңдин өз ою, өз жолу бар.
– Мунуңа кошулам. Бирок ошо ой менен кыял адамды жакшылыкка үндөп, чакырып турушу керек го. Ал экөө адамды жеп-ичкендин гана кулуна айландырбашы керек. Болбосо жашоонун кандай кызыкчылыгы бар.
– Эх досум, сен али бала бойдонсуң. Баардыгы сен ойлогондой болсо гана. Сага карап олтуруп кээде жазуучу болбой калганыңа өкүнүп кетем. Бир четинен ошол да жакшы болуптур. Антпегенде Чыңгыз агабыздын ордун талашып шорун курутмаксың. Кел, андан көрө ошо агабыздын сендей атаандаштан куру жалак калганы үчүн алып жиберели. – Шамил стаканды кагыштыра Акунду күтпөстөн жутуп жиберди. – Менде мындай бир ой бар. Бүгүн биздикине баралы. Аяшың үйдө жок. Үйдөн чыкпай бук деле болгондурсуң. Эшикте араба турат.
Анын үйү айылдын көл тараптагы четинде эле. Арыктан нары жагы мелтиреген талаа. Тээ көлгө чейин созулуп жатат. Чалкайып жаткан көлдүн бир үзүмү, андан нары Күңгөй тоолору көрүнөт.
– Үйгө кир Акун. Көптөн бери сага бир сюрприз кылсам деп ойлоп жүрдүм эле. Бүгүн ошонун оңтою келип турат.
– Ал эмне болгон сюрприз экен? – Акун кызыга сурады.
– Ар нерсенин өз учурунда болгону жакшы. Ал бир аз кийинчерек болот. Күтүүгө чыдамдуу бол, досум.
Ортодо койкойгон дагы бир бөтөлкөнүн түбүн агартышты. Арак винодон бир топ күчтүүлүк кылат экен. Же али көнбөгөндүкүбү, Акун кызып калды. Олтурган жеринде кыйшайды. А Шамил болсо шуулдап дале өз калыбында. Эски ичикти анын үстүнө жаап койду.
– Бир аз тук этип, эс алып тур. Ага чейин мен аны-муну дайындай коёюн.
– Макул, – деди Акун уйку-соонун арасында жаткандай. Бир маалда кимдир бирөө ийнинен жулкулдата ойготту. Шамил экен. Көзүн ачса күн батып, күүгүм кирип калыптыр.
– Тур Акун, эс алсынчы деп жайыңа койсом эртеңке чейин кыймылдачудай эмессиң. Маани-жай кандай?
– Жайында. Үйүңдүн бир аз гана термелип турганы болбосо.
– Ой, ал жерге кирип кетсин, аны токтотуш оңой. Анын тормузу бул. – Ал столдогу стаканга дагы арак куюп ага сунду. – Муну шак эттирсең дароо токтойт. – Шамил өзүнө да куюп шыңгытып жиберип тышка чыгып кетти. Акун колундагы стаканды карап туруп, кайра коюп койду. Көңүлү чаппай турду. Башы салмактанып, кандайдыр бир жүк көкүрөгүн кысып атты. Кийинки кездери барган сайын көбүрөөк иче баштаганын тумандаган сезиминде салмактап жатты. Мына, бүгүндөн тарта эми аракка кирди. Мунун аягы, натыйжасы эмне болуп чыгары белгисиз. Албетте, жакшы жагына эмес. Менин ичпешим керек, деди ниетинде. Бирок, маңдайында турган стаканга колу өзүнөн-өзү көтөрүлдү. Ушул учурда Шамил, анын артынан булоолонгон табак көтөргөн бир келин кирди.
– Эми табыңа келипсиң, Акун. Таанышып алгыла.
– Канымгүл, – деди келин Акунга тике карап.
– Акун.
– Бул менин эң жакын досум болот. Философ жигит.
– Кой эми апендинин кызынча мактабай. – Акун бейтааныш келиндин көзүнчө ыңгайсыздана түшүп, күлүп калды.
– Мактаган жерим жок. Ала кушту атынан атаганга не жетсин. Кана эмесе, тамакка карайлы. Тоок болсо да койдой, арык болсо да майда көрүп койгула. Тамактын алдында муну жалдыратпайлы. – Ал үч стаканга жарымынан өткөрө куйду. Анан Акунга карады:
– Акун, ушу кичинекей компаниябыздын алгачкы тосун сен алдырып койсоң, тамакты суутпай жейли.
– Чынында мен мурда-кийин тос айтып көрө элек элем. Жаңылып калсам – ак чөп башта болсун.
– Коркпо, короодо чөптөн көп неме жок. – Шамил каткырып күлүп калды. Аны коштоп Канымгүл да күлдү.
– Турмуштун өзү күтүлбөстүктөрдөн түзүлгөн нерсе окшобойбу. Мындай дегеним – бүгүн Шамилдикине барам, андан Канымгүлдөй татынакай жан менен таанышам деген ой түк жок эле. Муну мен бактылуу күтүлбөстүк деп айтар элем. Башкаларга кандай экенин билбейм, а мага дал ошондой сезилип турат. Эмесе мына ошо бактылуу күтүлбөстүк үчүн. – Ал колундагысын алып жиберди.
– Мына көрдүңбү, философ десем өзүда ишенбейт.
– Жакшы айттыңыз. Мындай тосту уга элек элем, – деди Канымгүл. Ал дагы колундагысын түгөтө алып жиберди.
– Дагы неченин угасың. Бул башталышы. Кана анда, кош буттуу койдун этине карагыла. Канымгүл, кесмең даярбы?
– Очокто бышып атат. – Ал ордунан элпек туруп чыгып кетти. Эшик жабылар менен Шамил Акунга карады. Ал олуттуу боло калды:
– Кандай келин экен, сага жактыбы?
– Түзүк эле көрүнөт.
– Кааласаң – сеники болот. – Негедир ал өзүнө ишенген түрдө үнүн көтөрүңкү чыгарды. Акун бырс күлдү:
– Эмне, мен каалаганда эле чөнтөгүмө түшө калгандай ал бир буюм беле. Өзү биздин айылдыкпы, жөн жайын түшүндүрчү.
– Ашыкпа досум, баардыгы өз жайы менен болот. Учурунда баарын билесиң. Сага жакса – болгону. Калганын мага кой. – Ал көзүн кысып жылмайып койду. Ушул учурда Канымгүл кесме көтөрүп кирди. Экөө унчукпай калышты. Келиндин кыймылынын шайдоот, элпек экендигин байкады Акун. Негедир Шамилдин азыркы бүдөмүктүү сөзү аны чаржайыт ойго салып койду. Алдыртадан көңүл токтото карады. Дурус эле келин көрүнөт. Өң-келбети деле түзүк, сүйкүмдүү  экен. Ал да Акунга байкатпай көз чаптырып өтөт. Тамак менен кошо арак да улам ичилип жакшы ойлор, жакшы тилектер айтылып жатты. Мындай учурда көңүлдө эмне болсо ошону ортого төгүп салыш адат эмеспи. Бирок, негедир Акун өзүнчө кысылып, ачыла албады. Негизи ал кызыганда көп сүйлөбөй, өзүнчө ойго тунуп тунжурап кала турган. Азыр да ошо адаты кармап, анда-санда гана сөзгө кыпчыла калып, болбосо суроого жооп берип олтурду. Бир маалда көздөрү тумандап, шайманы кетип баратканын туйду. Шамилге эшикке чыгып келели дегендей белги берди.
– Менин кетишим керек, – деди ал эшикке чыккан соң.
– Кайда? – Шамил таң кала сурады. Ал мындайды күтпөсө керек.
– Үйгө, – деди Акун эч нерсе болбогондой.
– Жок досум, сюрпризди али ала элексиң. Ага эми жакындап баратабыз. Ансыз кетем деген оюңду башыңдан алыс ыргытып жибер. Баятадан бери мен эмнеге жанымды сабап жатам, ким үчүн?
– Мен үчүн досум, чоң ырахмат.
– Ап-бали, эми түшүндүң. Анда мен айтканга хоп деп койсоң болду. Мен сени жамандыкка түртөйүн деп жатканым жок.
– Хоп. Бирок, мындан ары иче албайм. Сенден суранарым – ич деп кыйнабачы.
– Тартылбай сулуу – өбүлбөйт, кыйналбай арак – ичилбейт. Жүрү, аны бара көрөбүз. Кыйналсаң бир аз эс алып алсаң болот. – Шамил Акунду төркү бөлмөгө жаткырып кайра чыкты. Акундун башы тегеренип, жер көчүп жатты. Дубалдар жалп-жалп эте кулап түшө тургансып сезиле берди. Неге мынча ичтим, мага ичүүгө болбойт, деп жатты ниетинде. Өзү менен өзү алпурушуп жатып уктап кетти. Бир оокумда үстүндөгү жууркан акырын ачылды. Ал ойгонуп кетти. Дале башы айланып жатыптыр. Бөлмөнүн жарыгын өчүрүп коюшуптур. Пардасы чала жабылган терезеден айдын апакай шооласы түшүп турат. Ошол шооладан жаралгандай апакай денелүү бирөө бүгүлө берип, төшөгүнө кирди. Эс-мас болуп жаткан Акун түшү же өңү экенин ажырата албай деңдароо абалда жата берди. Колу жылаңач денеге урунду. Дем алып жаткан адамды сезди. Сыйпалап бараткан колу тирсийген эмчекке тийди. Селт этип алды.
– Бул ким, – деди ал аптыга.
– Досуңдун сюрпризи. – Кулак түбүнөн келиндин наздана шыбыраганы угулду. Анан бери бурулуп, анын башын билеги менен ороп кучактады. Өзүнө каратты. Ал заматта оодарылды. Келиндин жылаңач денесине Айдын сүттөй апакай шооласы төгүлүп турганын көрдү. Акырын эңкейип эрдинен өптү. Анын эрди жумшак, ысык эле. Денесиндеги шоола эми Акунга да төгүлдү. Экөө ошол шоолага чөгүп кетишти… Кандайдыр бир шоораттын дабышынан ойгонуп кетти. Бүт денеси жанчылгандай шалдырап калыптыр. Антсе да бир салмактан арылгандай, көңүлү куунак экен. Үй ичи жарык болуп, таң атып калган. Жалгыз жатыптыр. Түндөгү окуя түшүндө, же өңүндө болгонун адеп ажырата албай саамга деңдароо болуп жатты. Дабыш тышкы бөлмөдөн чыгып жатканын укту. Аял экилене кыңкыстап, кимгедир жалынып-жалбарып жатты. Негедир жүрөгүнө ийне сайылгандай тыз эте түшкөнүн сезди. Күтпөгөн жерден кимдир бирөө башынан ылдый баткак сууну шалп эттире куюп жибергенсиди. «Эң сонун сюрприз» – деп ойлоду үйүнө кетип баратып. Жүрөгү дале ачышып жатты. Кечээки жакшы тилектер, Канымгүл экөөнүн бактысы үчүн көтөрүлүп, ташка тийген тосттор… Мунун баары кимге, эмне үчүн керек эле? Шамилдин бул эмне кылганы? Эмне деп мазактаганы? Адамды ушунчалык деңгээлге түшүрүп тебелеп-тепсөөгө да болобу? Буга анын, келиндин адамдык кудуреттери кантип жетти? Баары бир алар айбан эмес, акыры адам го, аларда да жүрөк, сезим деген нерселер бар эмеспи? Ошолор кантип жарылбай чыдап беришти болду экен? Жок, алар таза жүрөк, таза сезим эмес эле. Анткени андай болгондо эчак жарылып кетишмек. Мындай ыпластык-ка чыдай алышмак эмес. Ошондуктан аларга таарынууга, басынууга болбойт. Ага татыбайт. Жок, бул жол ал үчүн эмес. Ал башка жол табууга тийиш, ошону менен кетүүгө тийиш. Ал ушул ойго бекип, көкүрөгүнө ушул бүтүмдү уютуп баратты…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Сезимтал болгондон көрө таш боор болгон алда канча жакшы окшобойбу. Неге дегенде ар нерсени жүрөгүнө жакын ала берип, санаага төө басты болуп саргайып кетесиң. Акун баягы Шамилдин кылыгын көпкө чейин унута албай, ичтен кемирилип, ичтен эзилип жүрдү. Ал өзүнчө бир көөдөнүндөгү сүлүк курт болду. Анын чоо жайын кийин билип жүрөт. Аны атайылап деле териштирген эмес. Шамилдин жолдошторунун бири айтып берип айтпайбы. Ошол окуянын шыбышын ал кайдан билип алганын ким билсин. Көрсө Шамил ал келин менен мурда эле жүрчү экен. Анан боюна болуп калган имиш. А тигинин аялы бар. Эмне кылыш керек? Алдырып салуу. Буга Канымгүл көнбөйт. Эне болгум келет деген ойдон ажырабай коёт. Ошондо Шамил «гениальный план» иштеп чыгат. Аны Акунга убактылуу болсо да баш коштуруп туруу. А Акун ага кудай деп макул болот. Төрөгөндөн кийин баласын көтөрүп алып баса бербей жаны жокпу. Суу жукпас жигит Канымгүлдү да ушуга көндүрөт. Ал деле айласыз макул болгондур. Чынында Акундун үйлөнүүгө ниети чаппаганы менен мындан баш тартмак эмес. Анткени анын турмушунда мындай ыңгайлуу учур башка кабылбай калышы толук мүмкүн эмеспи. Ким эле өзүнүн кырчындай жаштыгын майып жигитке сарп кылып жашагысы келсин. А бул жерде Канымгүл өз ыктыяры менен анын төшөгүнө келип кирип жатат. Эч нерсеге карабай туруп бирге жашаарын, анын ысык-суугуна чыдай аларын өз оозу менен айтты го. Бирок, Акун үчүн бир көргөн келиндин мындай бүтүмгө келген себеби, жагдай-жүйөөсү бүдөмүк болуп турду. Чынында бу жагы ал үчүн анча маанилүү эмес болучу. Негизгиси келин анын колунда эле. Андыктан аны колдон чыгарып жибербес керек эле. Балким жашап кетишет беле, анын турмушу аз да болсо алга жылат беле, жүгү жеңилдейт беле. Ооба, анда Акун бир тобокел кылат болучу. Эч нерсе билбегенден кийин бирөөнүн ыплас «жүгүн» өз мойнуна кош көздүү куржундай арта салып алып жүрө бермек. Эгерде ошо таңда эрте ойгонуп кетпегенинде…Кудай жалгап ойгонуп кеткени ажеп болуптур. Муну кийин, үйлөнүп алган соң билгенде эмне болуп, кандай абалда калат эле. Эх адамдар! Акундун муштуму түйүлүп, көөдөнүнө ызанын, алсыздыктын толкуну толуп чыкты. Анан ал көз жаш болуп сыртка агылды…
Дарбаза ачылып, короого арабанын кыйчылдап киргени угулду. Акун шашыла көзүн сүрттү. Ким болсо да ыйлаганын көрсөткүсүкелбеди. Үстөлүнө келип, жабык турган китепти жарымынан ачып, олтуруп калды. Үйгө атасы кирди.
– Салом алейким, – Акун атасына көңүлдүү көрүнүүгө аракеттенди.
– Алеким салам, уулум.
– Кандай турасыңар, ата. Мал-жан аманбы?
– Кудайга шүгүр. Баары жакшы. Өзүң кандайсың?
– Жакшы, ата. Мурдагы эле жайыттасыңарбы?
– Жок. Кечээ күнү Кара-Бакка көчүп бардык. Жакшы жер. Бактары жыш. Китептериңди алып алып, он чакты күн жүрүп кел. Складдан бир койдун башын чаптырып алдым. Ысык сорпо ичип, эт-аш жесең денеңе кубат кирет. Сени ала кетейин деп кайрылдым. Баса, көзүң эмне мынча кызарып калган? Эмне, ыйладыңбы? – Асанкулдун үнү кардыга түштү.
– Жок, ата. Көп окугандыкы го. – Акун айыптуудай жер карады. Атасынын тез эле кетип калышын каалады. Сөздү башка жакка бурду:
– Анда Кара-Бакка качан жөнөйбүз, ата?
– Сен даяр болсоң жөнөй беребиз, уулум.
– Даяр элемин. Кеттик анда. – Акун ордунан шаша туруп, тышты көздөй жөнөдү. Ачылган китеп ошол бойдон калды.

Кара-Бак чынында эле жакшы жер экен. Дүпүйгөн калың бак. Аны тегерете кылым карыткан кучак жеткис теректер курчаган. Ичинде кайың, мажүрүм талдар да бар экен. Бир нече жаңгак дарагы дүпүйүп, башкалардан алда канча бараандуу, сөөлөт күткөндөй көрүнүшөт. Андан тышкары алма, өрүк, көчөттөрү жыш отургузулган экен. Буларды эмне үчүн аралаш тигип коюшканын Акун түшүнө алган жок. Көп жылдар мурда түптөлсө керек. Ичине кирип олтурган адам кадимкидей сергилең тартып, эс ала түшөт. Сызгырылткан күн нуру бул жерде өз бийлигин жүргүзө албай калат. Анда-мында мал аралап кетсе да бак ичиндеги чөп жапырылбай, бурала өсүп, килемдей жайкалат. Таңдан кечке түркүн куштардын кужулдагандары басылбайт. Аларга кулак төшөп, бак четинде шылдырап аккан суунун жээгинде олтуруу Акун үчүн өзүнчө бир ырахат. Күнү бою бакты байырлап, түзөң жерлеринде өйдө-төмөн басат. Көбүрөөк басса эле көнгүдөй экен. Мурда жыгылып кетүүдөн коркуп эле, чүнчүй берчү көрүнөт.
Түшкү чай ичилип бүткөн соң баардыгы тышка жөнөштү. Эшиктин алдына жетип калган Акунга иниси кайрылды:
– Аба, ат минип алып, ары-бери бастырып келбейсизби? – Мындай суроону күтпөгөн Акун эмне дээрин билбей калды. Биресе тамашалап атат го деген ойго кетти. Жок, андай көрүнбөйт.
– Мине албайм го, – деди батынбагандай үнү менен. Чынында эле ал ушул кезге чейин ат минип көрө элек болучу. Мине алам деп да ойлогон эмес. Эми инисинин бу күтүлбөгөн сунушу кызыктай көрүндү.
– Балким, аракет кылып көрөөрсүз. Ат менен бастырып жүрсөңүз жакшы эмеспи. Көңүлүңүз да ачылат.
– Мине алган болсом кана. Жакшы болбойт беле. А жыгылып калсамчы?
– Жер көтөрөт да. – Иниси күлүп калды. Ал тору аттын басмайылын чыңдап тартып, эшиктин алдындагы тепкичке жетелеп келди. Аттын башын өзүнөн кичүү инисине карматып, өзү Акундун жанына барды.
– Келиңиз аба, качанка чейин корко бересиз. Аттан жыгылбаган кыргыз – кыргыз болчубу.
– Ал Акунду так көтөрүп ээрге отургузду. Анан буттарын акырын тартып, ыңгайлаштырды. Үзөңгүгө жетпейт экен. Антсе деле ээрге тыкан олтургансыды. Акун аскага чыга калгандай болду. Башы айлана ээрдин кашын кармады. Ал атка минди! Бул да ал үчүн бир жеңиш эле. Ал көөдөнүнө кубаныч толтурду. Баягы чөгүп бараткан саздан сууруп чыгарып, көздөн учкан жолдун нугуна салып койгонсуду. Ага алып баруучу мүмкүнчүлүктүн ачкычы эми колунда эле.
– Бүгүн тору атты минип алып, Өмүр экөөң кой жайып келгиле. – Араба кошуп жаткан атасы Акунга карады.
– Макул, ата. – Атасынан ушул кезге чейин бир да жолу тапшырма алып көрбөгөн ал кубанып да, толкундап да кетти. Энеси арабанын үстүндөгү чөптү тегиздеп жайып, ага алтыгат салып жаткан. Ал Акунга аягандай көз чаптырды:
– Кыйналып калбас бекенсиң?
– Жок эне, кабатыр болбоңуз. Ат үстүндө жүрүп эмнеге кыйналмак элем.
– Кыйналбайт. Өмүр эле кайтарат. Ага караан болуп жанында жүрсөң эле болду. Күздүккө киргизип жибербегиле. Алысыраак эле жайгыла.
– Макул. Камсанабай эле коюңуз, ата. – Акун токтоо, ишенимдүү сүйлөөгө аракеттенди. Чынында ал атасы өзүнө ишенип, бир жакка жумшайт деп ойлогон эмес. Күткөн да эмес. Көрсө анын деле колунан бир нерсе келет экен да. Демек, али тирүү жан турбайбы. Бул ой ого бетер делөөрүтүп, шаштырып жатты.
– Ат токулду беле, – деп сурап жибергенин да байкабай калды.
– Баертең эле токуп койгом. Басмайылы бек. Тору аттын сырын билип калбадыңбы. Чорт кыялы жок, жоош ат. Антсе да ооздугун чыгартпай эле кой.
Күн дал төбөдөн тийип, сызгырылтат. Элп эткен жел жүрбөй, аба үп тартат. Жеңил кийингенге карабай бүт дене ысып, чекеден тер куюлат. Койлор жакшы оттобой көлөкө талашып, бирине бири башын катат. Кайдандыр чегирткелер чырылдап жандары тынбайт.
– Өмүш, канстириңде жарма калдыбы? – Акун атын тушап коюп, тигиндейрээк олтурган инисине бастырып барды. – Ысыктан кан катып кетмей болду окшойт.
– Түгөнсө керек эле. Карап көрөйүнчү. – Ал канжыгага байланган ак канстирди чечти. Чайкап көрүп:
– Жок калыптыр, аба. Үйгө барып алып келейин.
– Эч нерсе эмес. Убара болбой эле кой.
– Кечке чейин көп бар эмеспи, аба. Үй деле анча алыс эмес. Тез эле келем. Же сиз кете бербейсизби, өзүм деле жетишем.
– Анда аттан кантип түшөм. Үйдө киши жок эмеспи. – Анын кеткиси келбей турду. – Үйгө барганда эмне кылат элем. Барсаң барып кел. Кечикпе.
Шылдырата ооздугун чайнаган тору ат чөп чалымыш болот. Коно калган көгөндөрдү куйругу менен чапкылай учрат. Сары ит анын көлөкөсүнө корголойт. Ат жылып кетсе ал да жылып барып жатат. Жайылган койлорго көз жүгүртүп, ээрдин кашына өбөктөп олтурду. Күздүккө чейин бир кыйла алыс. Ошентсе да ошол тарапка баштанган тигил четтеги койлорду кайрып койду. Күндүн ысыктыгына, мончоктоп тердегенине кайыл. Көңүлүнө канат бүткөндөй оболойт. Бир кубанычтын толкуну көөдөнүнө толуп ташат. Көптөн бери мындай кушубак абалга туш боло элек эле. Өмүрүнө ушундай күндүн келээринен үмүтү алда качан үзүлүп калган. Көрсө жаңылыптыр. Мына, ошол күн. Аны тартуулаган атасына ыраазы. Ананчы. Ал өзү ойлогондой таптакыр эле керексиз, артык баш жаралган жан эмес экен. Керек учурда ал деле эске алынып, бир нерсеге огожо боло алат турбайбы. Ага деле ишенүүгө болот экен. Эртелеп эле «сазга» чөгүп, жеңилүүгө баш коюп калыптыр да. Эх, Акун, ушунчалык эркиң бош жан белең? Сен али баса турган өмүр жолуңдун ондон бирин да баса элек эмессиңби. Бат эле мокоп каласыңбы? Туңгуюк абалдан чыгуунун жолдору аз эмес. А сен аны жакшылап издебептирсиң да. Карабайсыңбы, ал жаныңда эле турбайбы. Эми ушул жолго түшүп алып, алгалай берсең болот. Эмесе сапарың байсалдуу болсун. Сезимине кимдир бирөө ушундай ойду шыбырап жаткансыды.

Күн кыңайып баратты. Баятадан ылаалап, бирине бири баш катып солуктаган койлор кыймылга келе баштады. От издеп, өйдө-төмөн чубагандары арбыды. Өмүр дале көрүнбөйт. Үй кыйла алыс, төрт-беш чакырымга чукул. Талаа ээн. Көлгө кетчү чоң жолдон анда-мында бир машина же араба өтөт. Ылдый жакта баш алып калган буудай талаасы көл бетиндей көйкөлөт. Чачыраган койдун чети ошо тарапка баштанып калган экен. Акун ылдамдай бастырып, алдынан утурлады. Кайра кайрып айдап, аркасына көз чаптырды. Эми тиги тарабы жөнөп калыптыр. Ал жагын да кайрыды. Жок. Болчудай эмес. Улам барган сайын жакындай берди. Же аты ылдамыраак баспайт. Колуна камчы, же бир чыбык албаптыр. Теминип, камчыланбагандан кийин тору ат илээлеп, өз басыгынан жангысы келбейт. Муну түшүнгөндөй койлор да туш келди чачырап, көпчүлүгү буудай тарапка беттеди. Атты канчалык чү-чүлөп, тизгин какканы менен жетчүдөй эмес. Чабууга чукулдап калган эгинди каптап кетсе… Муну ойлогондо Акундун үрөйү учуп, денеси дүр этти. Үй тарапты карады. Жан көрүнбөйт. Тээтиги Терең-Коо жакта эрбеңдеген бир караан жүргөнсүйт. Сугатчы болсо керек. Андан жардам күтүп бекер. Мында жетип келгенче бир сааттан ашык убакыт өтөт. Анын үстүнө эгин аралап кеткен койлорду кайдан көрмөк эле.
Айласы кетти. Эми эле куш конгон көңүлүнө коркунучтун, кооптонуунун муздак шамалы аркырап кирди. Минип жүргөн атын кадыресе бастыра албаганына кыжыры келди. Чыбык сындырып алганга чукул арада бак-дарак да көзгө илинбейт. Болгон күчүн тизгинге чыгарып, жулкулдатып, бастырымыш болот. Кайда-аан. Тосмону жырган сел токточубу. Алдынан кайрыган жан болбогон соң шуулдаган бойдон жөнөштү. Алды жайыла баштады. Ушул учурда кырман жактан чаап келе жаткан атчандын карааны көрүндү. Алыстан эле башындагы калпагын булгалап, бир нерселерди кыйкырып келатты. Үнү угулбаганы менен эмне деп жатканын түшүнүп турду Акун. Бирок, кылаар аргасы канча. Илээлеген ат менен тосумуш болот. Атынын оозунан көбүк чачырата чаап жеткен киши:
– Ой, энеңди… эмне кыбырайсың? Же эгин сенин өз жайытыңбы? – Ал күү менен келип, ай-буйга келбей камчысын шилтеп калды. Акундун жонуна чып эте жабыша түштү. Катуу келген ат Акундун атын жөөлөп өттү. Арткы буттары бүгүлө, очорула калды. Акун ээрге кармана албай жерге күп этти. Катуу тийген оң ийни зыркырап кетти. Көзүнөн от чагылды. Өтө чапкан тигил киши атынын оозун тартып, кайра имерилди. Сурданган боюнча жерде жаткан Акундун жанына келип, аттан ыргып түштү. Колундагы камчысын дагы эки сапар шилтеп калды. Эки колу менен башын калкалап калууга үлгүрдү. Камчы артыла чабылды. Көзүнөн от чачырады.
– Эй, эмне жатасың оонап? Кайра мени коркуткуң келеби, энеңди гана… – Ал камчысын дагы көтөрдү. Негедир башын калкалаган колдорун тартып алып тигиге тике карады:
– Тура алгыдай болсом жатмак белем. – Ал чекесинен сызылып жаткан канды алаканы менен сүрттү. Көтөрүлгөн камчысын эми шилтейин деп калган кишинин колу төмөн шалдайды.
– Ой, сен Асанкул абанын баласысыңбы? – Акун ооба дегендей башын ийкеди. Борпоң чаңга жыгылгандыктан бүт кийми чаңга, топуракка булганып, бозала болуп олтурду. Алдында жини кагыла түшүп, эмне кылаарын билбей алдастап калган кишини эми тааныды. Ал – корукчу Жээнбай экен. Ал колундагы камчыны күчүнүн бардыгынча тигиндей ыргытып жиберди…

…Бүттү. Баягы сазга кайрадан чөгө баштады. Баары бүттү. Тырмактай керекке да жарай албастыгы анык экен да. Жээнбайдын камчысы бир нече айдан бери тынбай, кайталанып чабыла бергенсиди. Эми ал денесине эмес, дал жүрөгүнө чагылгандай тийип жаткандай. Жок, ага таарынып, аны жектеген жок. Анын милдети элдин кенчин сактоо. Анын үстүнө ал адеп Акунду тааныган жок. Айып өзүндө эле. Өзүнүн алсыздыгында, мажүрөөлүгүндө, жашоого жөндөмсүз болуп жаралгандыгында эле. Жашоого жөндөмсүздүк… Акун бир нерседен чочуп кеткендей дирт эте түшкөнүн сезди. Мына, тапты! Качантан бери думуктуруп, улам тереңдеп чөгөрүп бараткан саздан суурулуп чыгуунун жолу! Тапты! Мындан башкасы жок. Болушу да мүмкүн эмес. Бирден бир туура жол ушул. Бүттү. Ал жеңилдене көкүрөгүн кере үшкүрдү. Бул көзгө сайса көрүнгүс караңгы, жыш өскөн чытырман токойдо көптөн бери адашып, анан капысынан жарык төгүлгөн даңгыр жолго чыга түшкөн адамдын үшкүрүгү эле. Ал өзү тапкан жолдун кадиксиз тууралыгына көзү жетип, ошого абдан ишенип алды. Андыктан мындан башка эч нерсени ойлоп, баш катырып олтургусу келбеди. Ата-энесинин, бир туугандарынын көлдөгөн көз жаштары, тарткан күйүттөрү жөнүндө ойлогусу келген жок.

А чынында булар азыр эсине келбеди. Болгон дити эми эле таап алган ойго байланып калган. Аны тезинен, азыр жасоо керек. Антпегенде бирөө келип калышы мүмкүн, анда болбой калат. А кечиктирүүгө болбойт. Убакыт жок. Тез аракеттенүү керек. Талыган белин жаза бир чиренип алып, ордунан турду. Кыймылдоо, умтулуу керек. Өзүн-өзү ашыктырып жатты. Кайдадыр алыска, өзү эңсеп, күтүп жүргөн алыстыкка алып бара турган поезд жөнөп кетүүчүдөй, андан кечигип калучудай делөөрүп жатты. Кимдир бирөө демиктирип: «Бол, бол! Убакытты өткөрүп жиберсең шоруң куруйт», деп жаткандай. Эми ошол жаңы табылган оюн эмнеден, кандайча баштоо керек? Аны жүзөгө кантип ашыруу керек?

Өзү чыга албаган бийик тепкичтей сезилген ушул суроонун алдында кыйла турду. Үй ичине бир сыдыра көз чаптырды. Ыңгайлуу эч нерсе көзүнө урунбады. Жылан сыйпап кеткендей. Сарайга чыксабы?… Жок. Анын шырыктары бир топ бийик, жете албайт. Башка арга табуу зарыл. Не болсо дагы ушу мүдөөгө жетиш керек. Башка эч нерсенин кереги жок. Анткени ушул гана аны баарынан арылтат. Баарынан куткарат. Бу куткарууга алып бара турган жалгыз жол ушул. Ага өткөрүүчү агымы өктөм дарыядагы көпүрө кыйрап турду. Бирок, өтүү керек. Туш тарапка кайрадан көз чаптырды. Эч нерсе жок. Бир маалда дубал бооруна кадалган электр точкасына көзү урунду. Тапты! Денеси чымырай түшкөнүн сезди. Жок корккондуктан эмес. Адатта өлүмдөн коркпой турган пенде баласы болбойт дешет. Мунун деле бир чындыгы бардыр. Ким билет. Бирок, азыр, ушул көз ирмемде Акун өлүм жөнүндө ойлогон жок. Ага чамасы да жок эле. Болгону ашыгып жатты. Азыр өзүн соруп бараткан саздан шарт суурулуп чыкчудай, же болбосо ушу дүйнөдөн шарт секирип башка бир ажайып дүйнөгө өтүп кетчүдөй сезилди. Анда азап, арман, өксүк, жалгыздык, кош балдак, токтоп калган мезгил, ый, камала турган төрт дубал жок болучу. Ага дал ушундай сезилип турду. Ошо дүйнөгө өткөрүүчү көпүрө – мына ушул точка болучу. Мурда көп байкабаган, элес албаган алакандай нерсе. Эми алда немедей, кол тийгис ыйыктай көрүнүп кетти. Өрөпкүткөн сезими ошого умтултту.
Жашаш үчүн канча тоскоолдуктар кез болсо, андан кетиш үчүн деле андан кем эмес тоскоолдуктар кездешет турбайбы, түгөттүкү. Үйдү үч көтөрө издеп, болгону бир карышка жетпеген зым таппады. Эми эмне кылуу керек? Керемет дүйнөгө өтө албай калабы? Жок, андай болууга мүмкүн эмес. Аны күтүп жатат. Кетүү керек тезинен. Дагы тапты. Зым болбосо мык деле жарайт. Эми ал точканын көзөнөгүнө бата турган мык издеп кирди. Дубалдын бооруна кагылган бирөөнү тапты. Чап жабышты. Бирок, суурулбады, бекем кагылыптыр. Тырмышып атып, тырмагын омкоруп алды. Эми ал жаалданып издеп кирди. Ыкчам бурула берип, жыгылып түштү. Кайра турууга аракет кылбады. Көчүгү менен жыла баштады. Бул басып жүргөнгө караганда ага жеңил, ылдамдай туюлду. Баары бир буттарын колдойткон протездер сундуйуп, тоскоолдук кылып жатты. Бирок, ага караган жок. Чекесиндеги жылжыган терди жеңинин учу менен сүрүп коюп, үй ичинде өйдө-төмөн жылып жүрө берди. Нан, идиш сала турган шкафка жетип, суурумасын ачты, анда мык атту жок эле. Кашыктардын арасынан атасынын ичке, учтуу шибегесин көрдү. Кымбат буюм тапкандай кубанып кетти. Дагы бирөө керек. Айланасын дагы сыдыра карады. Эч нерсе жок. Капысынан бая эртең менен карындашынын от жакканы эсине түштү. Ал көтөрүп келген отундарда оркойгон мыктар жүргөн.
Бардык күчү менен мешти көздөй жылып жөнөдү. Жүрөгү лакылдап чыкты. Үлгүрүү керек. Кечигип калууга болбойт. Өзүн-өзү шаштырып баратты. А сезиминде чымын-куюн болуп тызылдап бараткан. Бул учурда ага шамал да, куюн да караандабайт эле. Мешке жетип шарт ачты. Чын эле, али муздай элек күлдүн арасында катмарлана күйүп калган мыктар бар экен. Күлдү колу менен аралаштырып жатып, бир чоң мыкты алып чыкты. Бир шибеге, бир мык. Ушулар жетет. Ал эми точканы көздөй жөнөдү. Колундагыларды жоготуп албайын деген ниетте бекем мыкчып алды.
Баратып жүк жыйылган тактанын алдында чалкасынан жаткан үтүккө көзү жабыша калды. Жана эмне үчүн байкабаганына таң кала түштү. Тык токтоду. Колундагыларды ыргытып жиберип, аны алды. Шнурун жулуп алды. Кабыкчасын тиштеп сыйрыды. Эки учун эки колуна байлады. Бул мык менен шибегеге караганда ыңгайлуу эле. Эмнегедир көңүлү тынып, жайлана түштү. Көл-шал тердеп, точканын алдына жетти. Поезд кетпептир. Ордунда экен. Үлгүрүп келиптир. Мына, азыр түшөт. Анан жүрүп кетет. Аны ал бир ажайып дүйнөгө жеткирет. Азыр…

Олтурган боюнча колун сунду. Заматта шаабайы сууп, шалдайып олтуруп калды. Көрсө колу жетпейт экен. Туруу керек. Кайда-аан. Бул болбогон нерсе. Бирөөнүн жардамысыз тура албайт. Ушинтип ара жолдо калабы? Поезд жүрүп кетсечи? Жок. Андай болууга тийиш эмес. Ал мештин нары жагында турган жыгач отургучту көрдү. Аны алып келди. Бирок, ага олтуруш кыйын болду. Аркасына коюп алып, көчүгүн көтөрүп олтура албай жатты. Буттары cундуйуп күч бербей сүйрөлөт. Тер куюлткан аракетинен эч нерсе чыкпады. Отургучка олтура албай койду. Өзүнүн ушунчалык алсыз, ушунчалык мажүрөө экендигине кыжыры келди. Анан ошонусуна ардангандай буркурап ыйлап жиберди.
Жанатан берки аракетинин бардыгы түккө арзыбай кала турган болду. Ушуга күйүп, ушуга өкүнүп жатты. Мончоктогон көз жашы бетинен төмөн карай кубалашат. Колундагы шнурду чечип, ыргытып жибергиси келди. Чечип баратып кайра токтоду. Бутундагы аппараттын бүгүлүүчү тетигин бери тартып, эки тизесин колу менен бүктү. Дубалга сүйөнүп, тизелеп турду. Мындай абалда боло алаарын билген эмес. Бирок, тизелери лукулдап ооруп чыкты. Бели кожоюп түзөлбөй атты. Колдору да карышып калды. Ага караганга азыр чамасы, убактысы жок эле. Отургучка олтурууга ушунчалык өжөрлүк, туруктуулук менен көшөрүп жатты. Анткени ушу жөнөкөй тактайдан сүрүп жасалган отургучка көчүгүн коюп олтурса эле көксөгөн мүдөөсүнө жетмек. Ошондо баардыгы артта калмак. Өзүн миң алектен өткөрүп, өксүтүп келаткан тагдыры да. Демек, ал Акун аттуу жигиттен биротоло жеңилип, шү-мүрөйүп олтуруп калмак. Ооба, аны ушинтип жеңмек. Сөзсүз жеңүүгө тийиш. Ушул ой аны кайраттандырып, чыйралтып жиберди. Эрдин каната тиштеди. Башы менен дубалга сүйөнө, бардык салмагын эки колуна оодара, көчүгүн отургучка койду. Мына, олтурду! Демек, ал анчалык деле алсыз эмес экен. Өзү ойлогондой өтө эле мажүрөө эмес турбайбы.
Көңүл асманындагы удургуган кара булуттар шамал куугандай тарап, заматта шаңкайып ачыла түштү. Анткен менен алдан тайып, ырп этээрге алы калбай калган. Башын муздак дубалга жөлөп, бир саамга тыныгып олтурду. Точка жакын. Колун сунуп койсо жетет. Көз ирмемден кийин баардыгы бүтөт. Же башталабы?.. Жок, азыр ар кайсыны бир ойлоп олтурчу убак эмес. Кечигүүгө болбойт. Акун колуна байланган шнурдун берки жагын точкага сайып жиберди. Арадан секунддар шуулдап өтүп жатты. Үй ичи болуп көрбөгөндөй жымжырттыкка тунуп турду. Бүт дүйнө кандайдыр бир тири укмуш окуя болоорун билип, ошону күтүп жаткан сыяктуу сезилди Акунга. Ал точкага сайылган шнурдан көзүн албай момуядай катып олтурду. Кулагына кандайдыр бир ичке, анан ачуу чыңырык жаңырып атты. Убакыт болсо зымырап өтүүдө. Бир нече секунд, же жарым саат өткөндүр. Же токтоп калды бекен? Ал дале күтүп олтурганын эми сезди. Эч нерсе түшүнбөй калды.

Бир маалда «Тарт!» деген кескин үн үй ичиндеги уюган тынчтыкты быркыратып жибергенсиди. Ал селт эте чочуп, өзүнө мүнөздүү болбогон чапчаңдык менен шнурду жулуп алды. Муун-жүүнү заматта калтырап кетти. Колдоруна байланган шнурду чечпей эле жулуп-жулуп алып, шкафтын алдына ыргытты. Айланасына алаңдай көз чаптырды.Үй ичинде жан жок болучу. Бул өзү ал үчүн табышмактуу, ал тургай коркунучтуу кубулуш болуп көрүндү. Чекесинен чыпылдап муздак тер чыкты. Көз алдынан жүрөк үшүн алган бир элес өтүп кеткенсиди. Эсине эми келди. Электр жарыгы өчүп калганын эми эстеди. Демейде дем алыш күндөрү өчүрүп салыша турган. А бүгүн дем алыш болучу. Буга кубанаарын, же өкүнөөрүн биле албай, тунжурап олтурду…

Өлүм! Сен өмүрдөн артыксыңбы? Андай болсо эмнең менен? Же сенде эч кандай көйгөй, арман, өксүк, оору, жалгыздык жокпу? Көртирликтин абыгерчилигинен сырткарысыңбы? Сен баардык нерсенин акыры эмессиңби. Баардык нерсенин биротоло бүтүшү эмессиңби. Сен болгону жок нер- сенин дүйнөсүсүң да. Анда эмне үчүн сага умтулушат? Сага качышат? Демек, сага жашынып, сенден жылуулук издөө… Анын көзүнөн жаш мончоктоду. Бир маалда мөлтүрөгөн тамчылардын арасынан бир элес көрүндү. Ал бет маңдайындагы тушкийиздин жогору жагында турду. Ал – Анаранын күңүрттөнгөн элеси болучу. Ал тээ алыста тургандай көрүндү. Акунду муңайым карап турду. Анын да көзүндө жаш бар эле. Бир нерселерди сүйлөп жатты. Оозу тынымсыз кыбырап атканы менен үнү чыкпады. Бир да сөзү жетпеди. Үй ичинде мурдагыдай эле жымжырттык уюп турду. Бирок, анын үнү кулагына эмес, дал сезимине орноп жатты.
«Эх, Акун! Сен ушунчалык алсыз белең? Болгон кудуретиң ушулбу? Тагдырга моюн сунуп, биротоло жеңилип берейин дедиңби? Мындан башка жол, мындан башка арга таппай калдыңбы? Демек, мени сүйгөнүң жалган экен да. Мен сени ушундай деп ойлогон эмесмин. Эрктүү, кайраттуу жигит деп жүрбөймүнбү. Биздин баягы ооруканадагы учурду кайрадан элестетип көрчү. Ошондогу курчтугуң кайда? Ошондогу эркиң кайда? Эх, Акун… Мени унутканың аз келгенсип, эми тапканың ушулбу? Жашоого келгендеги максатың, мүдөөң ушул элеби? Бул аздык кылып жүрбөсүн. Кандай дейсиң. Өмүрдү бир жоготсоң таппайсың. Ал өлүмдү көздөй качып берүү үчүн берилген эмес. Бул алсыздардын тандап алган жалгыз жолу. Мен сени Биллден да күчтүү жигит деп жүрсө… Же эмне, чындыгында эле сен алсыз жансыңбы?..»
Муңайым элес тушкийиздин нары жагына акырын кирип кеткенсиди. Акун селт этти. Бул суроо сезим түпкүрүндө жаңырды. Ал камчы болуп айдалысына шарт чабылгандай болду. Эмелеки Анаранын элеси эмей эле өзү сыяктанды. Ага өзүнүн алсыздыгын көргөзүп алгандай башы шылкыйды. Бети дуулдап чымырап чыкты. Жаш толгон көздөрү менен элес көрүнгөн жерди карады. Анда эч нерсе жок эле. Негедир чыйрала түштү. Катып койгон «Жашоо кумарын» колуна алып, бооруна бекем кысты…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Карындашы бүгүн кеч күүгүмдө келди. Эртең менен мектептегилер менен экскурсияга чыгабыз деп, нан-панын камдап, баштыгын төмпөйтө көтөрүп алып жөнөп кеткен. Ошо бошогон баштыгына бир тутам гүл салып алыптыр. Көздүн жоосун алган кыпкызыл гүлдөр экен. Мындайды али көрө элек болучу. Жытынын буркураганын айтпа эми.
– Ой-ий, ушундай да кооз гүл болобу. Муну кайдан те-рип алдың, Чынар? – деп сурады аярлай кармап олтурган Акун.
– Шиш-Коргондун үстүндөгү адырдан, – деди Чынар терип келген гүлдөрү абасына жагып калганына кубанып.
– Ал жерде көп бекен?
– Тим эле жайнайт. Кыздардын баары терип алышты. Ошондо деле чети оюлган жок.
– Сени менен баргандардын баары териштиби? – Ал муну кандайдыр бир ичи ачыша түшкөн сезим менен сурады. Үнү да дирилдеп кетти. Бирок, муну Чынар элес албады.
– Ооба. Адырдын бетин бүт каптаптыр. Тим эле укмуш. – Чынардын көздөрү жайнап кетти. Акун гүлдү мурдуна жакын кармап, кыйлага чейин тунжурап олтурду.
– Өсүп турганында кандай көрүнөт экен, – деп сурады бир маалда.
– Жакшы эле.
Бирок, карындашынын бул жообуна канагаттанбай калды. Ушул гүлдөрдүн өсүп турганын өз көзү менен көргүсү келди. Түшүнө да кирди. Кызгалдак жайнаган адырдын этегинде туруптур. Тээ жогорураак жакта башка гүлдөргө окшобогон бийик, чоң, көз жоосун алган өзгөчө бир гүл өсүп туруптур. Акун аны карап олтурду. Бир маалда ошол гүл ордунан козголуп кетти. Ал бери жылып Акунду көздөй келатты. Жок. Ал гүл эмес экен. Гүл аралаган Анара экен. Бул түш жүрөгүндөгү каалоосун ого бетер күчөттү. Эртеси кошунасынын Кулубек деген баласын акмалады. Ал колхоздун машинасын айдай турган. Дарбазасынан чыга бергенде кыйкырды:
– Кулубек, кайрыла кетчи.
– Салом алейкум, Акун аба.
– Алейкима салам. Иштер кандай, Кулу?
– Кудайга шүгүр, аба. Чакырып калыпсыз. – Ал Акунга суроолуу карап калды. Ал сөздү эмнеден баштасам экен дегендей кыйылып турду. Анын батына албай атканын Кулубек сезди. Негизи ал кичипейил, жакшы бала эле.
– Айта бериңиз, аба. Колдон келчү  иш болсо жасап берем.
– Күлкүң келбесе эле болду. – Акун өзүнчө жылмайып алды. – Убактың болуп калса Шиш-Коргонго барып келбейлиби?
Кулубек аны таң кала карап калды.
– Жайынча элеби?
– Адырда өскөн гүлдөрдү көргүм келет. – Ал Кулубекке негедир муңайым карады. Шылдың кылып күлүп жибербесе экен дегендей ой көкүрөгүнө тык этти. Бирок, тиги анткен жок. Тамашасыбы, же чыныбы дегендей карап турду. Анан:
– Макул, түштөн кийин барып келели, – деди. Күткөндө убакыттын өтмөгү азап эмеспи. Бүткүл дити дүр эткен машинанын үнүндө болуп, улам эшикке чыгат. Жол карайт. Анда баскан турганы кыйла тыңып калган. Кол менен жүрө турган үч дөңгөлөктүү коляска да беришкен. Аны менен айылдын өзү каалаган жерине кете берүүчү. Бирок аны менен Шиш-Коргондун үстүндөгү адырга чейин жетүү мүмкүн эмес эле. Кыйла алыс, анын үстүнө жолу таш, өр болучу. Болбосо кете бермек.
Өрөпкүгөн демине суу сепкендей кылып, ал күнү Кулубек келбеди. Эртеси керээлден кечке зарыга күттү. Жок. Эми аны күткөндөн майнап чыкпасын билди. Балким бошобой, же анын өтүнүчүнө анча маани бербегендир. Андыктан эсинен чыгарып жибергендир. Кайрадан суранып олтургусу келбеди. Бирок, бажырайып жайнаган кыпкызыл гүлдөр көз алдынан кетпей, көңүлүн дегдетип туруп алды. Биресе Анара ошол жакта жүргөндөй сезимден алыстай албады. Биресе убакытты өткөрүп жиберсе гүлдөр солуп калчудай, аны биротоло көрө албай калчудай кыжаалат боло берди. Кулубектен үмүтү үзүлгөн соң өзүнчө бүтүмгө келди.

Бул күнү кечке коляскасынын жанынан чыкпады. Баардык тетиктерин майлап, бошогон бурамаларын бекитти. Айрым бурамасын алмаштырды. Дөңгөлөктөрүн чытырата үйлөттү. Себеби жели толук болсо жеңил кете турган. Ошентип, «тулпары» алыскы сапарга даяр болду. Эртеси күндүн алгачкы нурларын саамайына төгүлтүп, жолго чыкты. Кудай жалгап бул күнү асман тазалап койгон айнектей шаңкайып, жаздын күнү мээримин төгүп турду. Жолдун айылдан чыга беришиндеги дөңсөөсүнөн кыйналбай эле чыгып кетти. Андан ары талаа. Анын бетинен буу көтөрүлөт. Кыш бою кар жаткан кеңирсиген талаа эми кылтыйып чыккан көктөм менен кошо баш көтөрө ойгоно баштагандай. Жол боюндагы бак-дарактар да бүчүр жара баштаган экен. Бет алдындагы тоолор мурда ага терезеден ушунчалык алыс, жапыз көрүнө турган. Эми колун сунса жетчүдөй, асманды тиреп тургандай залкаят. Чокусундагы мөңгүдө күн ойнойт.
Күн маңдайга келген маалда жолдун жарымы артта калды. Айыл тээ төмөндө алаканга салгандай көрүнөт. Мындайынан караганда этек-жеңи чоюлган кыйла эле кенен айыл экен. Айылды бу капталынан биринчи көрүшү. Эсинде, баса элек кезинде терезеден короону карап олтуруп, эшикке өзүм кирип чыга алсам эле эч арманым болбос эле деп ойлоп, көзүнөн жашын куюлтчу. Кийин өз алдынча кирип-чыгып калган соң айылдын четине чыксам арманым болбос эле деп ойлоочу. Айылдын чети ал үчүн өзүнчө ачылбаган дүйнө эле. Ошондуктан аны дайыма өзүнө чакырып, азгырып туруучу. Бир күнү атасы чоң кашаттагы Орозон абышканын суу тегирменине ун салдырып келүүгө даярданып калды. Кимдир бирөөнүн ат арабасын кошуп келиптир. Кой дегенге болбой арабага түшүп алган. Анда он бирлерге келип калса керек. Атасы көтөрүп чыгып, күн жылуу болсо да чепкенине ороп олтургузуп койгон.
Ошондо биринчи жолу айылдын күн батыш тарабына чыгышы эле. Андагы эки айылды бөлүп турган чоң кашат, шагыраган таштар, жайык сайдагы ат агызчудай шаркыраган Жууку суусу, а тээ төмөндөгүчалкып жаткан көл ага өзүнчө бир айтып бүткүс керемет болуп көрүндү. Убагы келгенде ушу кашаттан өтүп, Фрунзеге чейин жетти. Көрсө дүйнө дегениң Акунду камаган төрт дубал, анын короосу, айылы менен чектелбейт турбайбы. Адамдын көргөнүнөн дайыма көрө элеги көп болот турбайбы. Мына, эми ал үчүн айылдын дагы бир тарабы алаканга салгандай көрүнүп турат. А алдыда Шиш-Коргон көрүнө баштады. Бир жарым, эки сааттан кийин буйруса жетет. Бирок барган сайын жолдун таштары арбып, өр тарта жүрүү кыйындады. Коляска салмактанып, рычагды кыймылга келтирген колдору бат-бат талып кетип жатты. Бир аз тыныгып алып, кайра жөнөйт. Бели уюп, чекесинен тер чыпылдайт. Ага кайыл. Анткени алдыда, тээтиги асман мелжиген тоонун этегиндей жайылып жаткан адырларда жайнаган кызгалдак гүлдөрү күтүп жатат. Алардын үзүлгөнүн эмес, «тирүүсүн», жазгы сыдырым желге ыргалып өсүп турганын көрөт. Өмүрүндө биринчи сапар. Мына, аз гана калды. Коляскасы кыбырап турса эле болду. Жетет. Чыдоо гана керек.

Дегинкисинде ушу коляска – анын эң жакын «досу» болуп калган. Эми баштагыдай үй күчүк болуп олтуруу жок. Аны менен клубка, кызыл үйгө, гаражга, көл тараптагы кырманга чейин жетип жатат. Андагы иштеп жаткандар менен таанышып, маектешүүгө аракеттенет. Төрт дубалдын ортосунда өткөн он төрт, андан кийинки адамдар менен аралаша албаган жылдар анын сезимине өз изин калтырган. Муну ошо адамдар менен сүйлөшө баштаганда байкап жүрөт. Көрсө эл ичинен сырткары болуу кыйла өксүтүп коюптур. Анын үстүнө мектеп партасына олтура албады. Билим ала албады. Болгону Зина эжесинин көмөгү менен тамга таанып, анча-мынча жазганды үйрөндү. Ошондон кийин китеп дүйнөсүнө сүңгүп кирди. Ортодо ошо дүйнөдөн четтеп кетип, аз жерден… Бирок, ал азыр ошол жар кырына такалган учурун эстегиси келбеди. Ошондон кийин кайра баш оту менен сүңгүп кирген. Ал чектелген ой өрүшүн, ар нерсеге болгон көз карашын кеңейтүүдө өз жемишин берип келет.
Жолдо шагыл таштар арбып, барган сайын өр тартты. Коляскага эки киши олтургандай салмактанып, жылдырыш дагы кыйындады. Жөлөнгүчүнө далысын күчүркөнө жөлөп, рычагды күч менен түртүп бараткандыктан далысы терден ачышып, колунун каруусу кетти. Чекесиндеги тери көзүнө кирип ачыштырды. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй лакылдайт. Жаак булчуңдары карышканча тиштенип алды. Негедир ушул учурда баягы эски тамдын кичинекей терезесине сүйө- нүп, тоону карап телмирип олтурган учуру эсине кылт этти. Ошол элес жүрөгүнө ийненин учундай тепчиле түшкөнсүдү. Бул алсырап бараткан денесине белгисиз күч болуп агылып киргендей күчүркөнө жөнөдү. Ушу жүрүшү менен ошо кезден, ошол элестен тез эле алыстап кетүүнү самады. Азыр ал ошондогу тагдырдын туткуну эмес эле. Андан чыгып кеткен. Эми ага кайрылууга жол жок болучу. Дарак асманга карай өсөт. А алдыга жылуу – жашоонун өзүэкендиги, ал эми алдыга жылуу деген нерсе анчалык деле жеңил-желпи эмес экени белгилүү. Муну өр таянган таштак жолдо эрдин кесе тиштеп баратып дагы бир жолу аңдады. Тиштери батып, эриндери канталап чыкканын байкабады. Тагдырга өчөшкөндөй, ага эрегишкендей кейипте эле. Анткени ал адам болучу..

Шар аккан сууга салынган көпүрө дөңсөө жерде экен. Андан өткөндөн кийин жол бир кыйла эңкейиштеп барып, аздан соң кайра өр тартты. Кумдак дагы экен. Коляска эми алдыга жыла албай калды. Акун дөңгөлөктөрүнөн түртүп кирди. Жок, болчудай эмес. Кайра артты көздөй кете баштады. Тормозун тартып токтотуп, шалдырап олтуруп калды. Тер куюлган бети-башын сүрттү. Айланада жан адам көрүнбөйт. Көл тарапта талаа бууланып, чалкып жатат. Ошо буунун арасынан алыста калган айыл үрүл-бүрүл көрүнөт. Жалгызсырап, бозоруп турган Шиш-Коргон да артта калыптыр. Коляска менен деле ушунчалык алыска жетүүгө болот турбайбы. Бул ой бүркүмү анын көңүлүнө куш болуп коно калды. Кыбыраган кыр ашат экен да.
Тигине, көздөн учкан адырлар. Кызыл-тазыл гүлдөргө чулганып келберсип жатат. Канча күндөн бери эңсеп, күн тынымын, түн уйкусун качырып бир көрүүгө зар кылган гүлдөр. Кол сунса жетчүдөй жерде жайнап турат. Аны күтүп жатышат. Жүрөгүнө бир кубаныч агылып кирип, өрөпкүп чыкты. Коляскасынан түшүп кош балдагын таянып, өзүнө моюн суна бербеген сундуйган буттарын күч менен алдыга сүйрөп, бөксө адырларды көздөй жөнөдү. Анча чоң эмес болсо деле таштардан басыш кыйын экен. Батинкенин башы аларга такалып калып жатты. Жолдун жээгиндеги арыкты да жазгы ташкын жеп, бир кыйла тереңдетип салыптыр. Бирок, ал эми ага тоскоолдук кыла албайт эле. Арыктын кырына келип олтурду. Буттарын арыктын ичине салып, наркы жээкке көчүгүн коюп тизелеп туруп кетти. Мынчалык оңой өтүп кеткенине өзүда таң калып калды. Мына, көксөткөн гүлдөр. Бажырайган кыпкызыл гүлдөр көз жоосун ала бет алдында жайылып жатты. Тээ көз жеткен жердин баардыгы ажайып бир кооз килем жамынгандай. Көөдөнгө учкул канат бүтүргөн гүлдүн, бүчүр жарган көктөмдүн жыпар жытын сиңирген жылуу аба да өзүнчө өрөпкүтүп, эми эле таштап кеткен денесиндеги күч-кубат кайра жаңырып агылып кирди. Балдактарын алыс ыргытып жиберип, ушул гүлдөрдү аралап тээтиги чокусуна түрмөк булуттар түнөгөн залкар тоолорго чейин чымын-куюн болуп чуркап жөнөгүсү келип кетти. Ушул учурда ободон торгой сайрап жиберди. Ага дагы бири кошулду. Экөө биргелешип алып, жашоонун ушунчалык кымбат, ушунчалык керемет экендигин даңазалап жаткансышты.
Көрсө торгойлор ушундай безеленип сайрашат турбайбы. Негедир Акундун көзүнөн жаш куюлуп кетти. Бирок, бул алсыздыктын, өксүктүктүн жашы эмес эле. Анткени ал – өзү каалаган, эңсеген нерсеге жетти. Башка бирөөнүн эмес, өз күчү менен жетти. Демек, бул да ал үчүн жеңиш болучу. Бул күрөшүүгө, алга жылууга кудурети бар экендигинен кабар берип койду. Муну анын сезимине торгойлордун сайраганы жеткирип жаткансыды. Ушу сезим менен боортоктоп жатып алып, кыпкызыл жоогазындардын улам бирин аяр кармап, үлбүрөгөн гүнчөлөрүн сындырып албоого тырышып, жыттап жатты. Буруксуган жыпар жыттан деңдароо болуп, кыйлага жатты. Ал күнү Акун кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн бир бийиктиктин тепкичине чыгып алгандай сезимде кайтты…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Терезени дыбырата черткилеп, жамгыр жаап жатты. Быйылкы жаздын алгачкы жамгыры. Ошентип, кайрадан жаз келди. Жаз – Акундун көңүл майрамы боло турган. Бирок, бул жолку жаз негедир андай болбоду. Көңүлүнө куш конбоду. Анын ордуна муштумдай муздун сыныгы туруп алып, жазгы күндүн аптабына моюн бербей жаткан сыяктанат. Күнү-түнү сезимин муздатып жаткандай. Балким, сырттагы дыбырап жаткан нерсе жаз жамгыры эмей эле, анын жүрөгүнүн ыйыдыр…
Эшиктин ачылышы аны терең ойдун кучагынан ажыратты. Жогорку көчөдөгү туугандардыкына кеткен энеси экен. Баласынын муңайым олтурганын көрүп, жүрөгү тыз дей түштү. Ыйлагысы келип зээни кейип кетти. Кийинки учурларда такыр эле көңүлү ачылбас болду. Бир нерсеге убайым жеп, кыжаалат болуп жүргөнүн билет. Эненин жүрөгүндөй сезимтал нерсе жок эмеспи. Акундун көздөрүндөгү көйгөй, сарбариктей сапырылган санаа эненин жүрөгүн сыздатат. Коргошундай жүк болуп катмарлана жыйылат. Анткенде кылаар аргасы кайсы? Колунан келээр кандай айласы бар? Баланын бактысыздыгы – эненин бактысыздыгы турбайбы. Андыктан баласынын бактысы үчүн карачечекейин да сууруп берүүгө кайыл. Атаганат, адамга андай мүмкүнчүлүк берилбептир да. Болбосо бир нерседен өксүтмөк турсун кирпигине чаң жугузат беле. Дегинкисинде бу баланын башынан тарткылыгы ошондой турбайбы. Колхоздун иши ансыз алга жылбай калчудай ээленип, ошо каргашалуу күнүжумушка чыкканына Керез бүгүнкүкүнгө чейин өкүнөт. Бармагын тиштейт. Бирок, анысынан эмне майнап чыгат эле. Бир баскан жолду миң басууга болот. Ал эми бир өткөн күн эзелим кайталанбайт эмеспи. Төө кыядан өткөн соң…
Мына, ушу жазда уулу жыйырма бирге толот. Абалы баягыдай эле. Тышка өз алдынча кирип-чыкканы болбосо алысыраак баса албайт. Дагы жакшы, үч дөңгөлөктүү коляска алганы тыяк-быякка чыгып алаксыйт. Жакында эле Фрунзедеги ооруканада жети ай жатып, операция жасаттырып келген, бирок, анысынан жылыш болбоптур. Докдуру: «сен бир операцияны жасаттырбай койгонсуң. Ошо операция сага өтө пайдалуу болмок. Эми кеч болуп калды. Ушуга шүгүр кылышың керек», деп узатыптыр. Ошондон бери маанайы пас. Мындан аркы турмушу кандай болот? Кандай жашоо кечирет? Же колунан бир нерсе келбесе. Же үй-жай күтө албаса. Азыр эч нерсе эмес, биздин көзүбүз бар. Кийин кандай күндө калат? Кор болуп калар бекен? Бир туугандары ага күйүмдүү болуп, каралашып турушса жакшы. Ай ким билет, ар кимдин өз түйшүгү, өз тиричилиги бар эмеспи. Балакетиңди алып калайын ай. Кандай каргашалуу күнү туулуп калдың экен. Көзүнө ирмеле түшкөн жашты көргөзбөөгө аракеттенген Керез бетиндеги жамгырдын тамчыларына кошо жоолугунун учу менен көзүн сүрттү. Нымдалышкан жуп-жука пальтосун чечип илгичке илди.

– Чоң атаң жакшы болуп калыптыр. Айрысын көтөрүп алып бөкчөңдөп сарайда жүрөт, – деди. Ал киши өткөндө терек бутай коём деп, бутун чаап алып, теректен кулап кеткен. Өмүрү терек бутап көрбөптүр. Анан ошо күнү эмнеге ээликкенин ким билсин, жарыктык.
– Курсагың ачкан жокпу, чай коюп берейинби? – Керездин үнү муңайым чыкты.
– Жок эне. Эми эле чай ичкенбиз. – Акун кайра терезени карады. Жаан сээлдеп келатты. Көчөдө өйдө-төмөн өткөндөр да аз. Алардын үйү чоң жолдун боюнда болгондуктан демейде киши аягы үзүлбөйт. Чабыттаган машиналар тынбайт.
– Үшүгөн жоксуңбу? Жазгы суук билинбей ичтен кармайт. – Көчөнү карап тунжурап олтурган Акунду карап, унчукпай калды. Акырын улутунду.
– Үшүгөнүм жок. – Акун терезедеги бети ачык турган китепке үңүлдү. Бир нече сап окуп барып токтоду. Бир да сөз сезимине жукпады. Жаап койду. Ордунан туруп жеңил курткасын кийди да, тышка чыкты. Жаан басылып калыптыр. Бастырманын астындагы коляскасына олтурду. Колхоздун клубундагы китепканага келди. Эшиги бек экен. Ыргылжың боло саамга туруп, кайра жөнөдү. Почто тарапка бурулду. Кечээки газеттерин ала элек болучу.
Колхоз конторасынын алдында бир нече киши өз ара кобурашып турат. Алардын маеги өздөрүнүн күндөлүк жумуштары жөнүндө жүрүп жаткан окшойт. Анткени жандарынан өтө берген Акун «баланча гектар аянт экинчи сугаттан өткөрүлдү, «ширин суу» пайдаланылды» деген сөздөрдү кулагы чалып калды. Кыязы, булар колхоздун сугатчылары болуш керек. Акун алардан өтүп барып, конторага кирди. Ичкериде нары-бери басып жүрүшкөн адамдар арбын экен. Акун кайсыл эшикке кирээрин билбегендей саамга туруп калды. Анан каалгалардагы жазууларды окуп келатып, «Секретатариат» деген жазуусу бар эшикти ачты. Бул бөлмөдө эки гана киши, анан машинка басып олтурган секретарь кыз бар экен.
– Саламатсыздарбы? – Акун тиги кыз олтурган столго жакын келди.
– Саламатчылык, келиңиз. Бул жерге олтуруңуз. – Секретарь кыз кичипейилдик менен саламдашып, бет маңдайындагы отургучтардын бирин жаңсап көргөзүп койду. Бу кызды ал мурда көргөн эмес. Ошондуктан башка жерлик болсо керек деп ойлоп койду. Мүнөзү шайыр, кабагым кашым дебеген ачык жан экенин байкады.
– Сиз эмне жумуш менен келдиңиз эле, – деп сурады ал Акундан. Ал айтсамбы, же айтпай эле койсомбу деген кыязда ыргылжың болуп туруп, анан:
– Башкарма менен сүйлөшө турган бир ооз сөзүм бар эле, – деди.
– Эмне маселе боюнча, – ал такып сурады.
– Жеке маселе боюнча.
– Адамды тажатып, ата-тегинен бери сурайсыз да, карындаш, – деди тигил жигиттердин бири. Экинчиси аны коштоп күлүп калды.
– А биздин иш. Сиз ага киришпей эле коюңуз, байкеси. – Секретарь жактырбагандай бетин тырыштырып, кашын серпип койду. Бирок, ачуусу келгени жүзүнөн билинген жок. Кайра тигил жигитке эркелегендей, наздангандай сезилди.
– Кеп ошол киришкенде эмеспи, сен али аны биле элексиңби, – тигил экинчисине кандайдыр бир шылдыңдуу мааниде көзүн кысып койду.
– Керек болсо сизден кыйын билем. Эмне, мага үйрөткүңүз барбы?
– А эмне үчүн антүүгө болбосун?
Сөздүн кайсыл нукка багыт алып баратканын байкап олтурган Акун негедир өзүнчө ыңгайсызданып, туруп кеткиси келди. Кыз анын абалын байкадыбы, сөздү чукул буруп жиберди:
– Уялсаңар болбойбу, калжаңдап эле сүйлөй бересиңерби, – деди тигилерге. Ушул учурда коңгуроо чырылдай түштү. Кыз элпек туруп, башкарманын кабинетине баш багып кайра чыкты:
– Киргиле.
Эки жигит кирип кетти. Акун негедир өзүн жеңилдей түшүп, чыңалган абалдан арыла калгандай болду. Кабинеттин ичи да кеңигендей болуп кетти.
– Бул жерге кирип-чыккандардын эрмеги эле мен, –деди кыз актангандай.
– Сиз мындайларды көңүлүңүзгө албай эле коюңуз. Көпчүлүк бар жерде боло берет, – деди Акун. Анын бул сөзү жагып калды көрүнөт, тиги жылмайып койду. Маңдайындагы үч алтын тиши жаркырап кетти. Акун аны сөзгө тарткысы келди:
– Сиз кай жерликсиз?
– Ушул эле айылдан болом.
– Мурда көргөн эмес экемин. Ушинтип бир айылда жашап туруп, анан бири-бирибизди тааныбай калган да учурлар болот турбайбы.
– Мен сизди кечээ күнү колхоздун багынан көргөмүн. Ак кайыңдын түбүндө олтургансыз.
– Ак кайыңды жакшы көрөм. Ал дайыма өзүнө тартып турат. Андан кандайдыр бир тазалык келип жатканын байкап калам, – деди Акун жандана.
– Сиз бир жактан келдиңизби? Минтип сураганымдын жөнү бул жерде иштегенден бери сизди көрө элек элем.
– Иштегениңизге көп болдубу?
– Эки айдан ашып калды.
– Мен эки жылдан бери айылда болгонум жок. Ташкент-те, Фрунзеде, Воронцовкада оорукаларда жаттым. Келгени-ме бүгүн алты күн болду.
– Эки жылбы, кантип чыдадыңыз буга? Мен баарынан ушул ооруканага жатканды жаман көрөм. Баса, ден соолугуңуз жакшы болдубу анан?
– Бир аз өзгөрүүлөр бар.
Акун бул тууралуу сөздү узартууну каалаган жок. Саатын карады. Ондон өтүп калыптыр. Бирок, шашылыш бара турган эч деле жери жок болучу.
– Шашып турасызбы, азыр, жанагылар чыгаары менен кирсеңиз болот.
– Башкарма жаңы келди дейт, чынбы?
– Ооба, келгенине бир жылдан ашып калды деп уктум. Мурда райондук айыл чарба бөлүмүн башкарчу экен.
– Биздин колхозго жакшы башкармалар чанда келет, – деди Акун кызды сынагандай карап.
– Мага башкарманын жакшы-жаманы бирдей. Жаса дегенин жасап коюп, олтура бермей, – деди ал көңүл кош гана.
– Сизге баары бир болгону менен башкаларга, мисалы, колхоздун өнүгүшүнө, эмгекчилерге баары бир эмес да.
– Аныңыз чын деңизчи. Сиз башкача сүйлөйт экенсиз. Кээде мында олтуруп, тантыраган сөздөрдөн тоюп да кетем. Сиз менен сүйлөшүп олтуруу кызык экен.
– Эмнеси кызык?
– Интеллигенттерчесинен сүйлөйт экенсиз. Адамды өзүңүзгө тартып алат экенсиз.
– Жылуу сөзүңүз үчүн ырахмат. А мен сизди тажатып албайын деп кооптонуп жатпаймынбы
– Жок, эч андай эмес. – Кыз жагымдуу жылмайып Акунга карады. «Баары бир Анаранын жылмаюусуна окшобойт экен». Бул ой капысынан анын көкүрөгүнө тык этип өттү. Ушу учурда эшик ачылып, жанагы жигиттер чыкты. Акун ордунан туруп, секретарь кыз ачып берген эшиктен акырын ичкери кирди:
– Уруксат бекен?
Башкарма баш көтөрүп, аны карап калды.
– Кире бериңиз, – деди анан. Ал ордунан туруп келип кол алышты. Жапалдаш бойлуу, болугунан келген киши экен.
– Кел жигит, кел. Мындай олтур. – Ал эми сенге өтүп, өз ордуна барып олтурду. Акунду суроолуу карады:
– Келип калыпсың. Тааныша олтуралы. Менин атым Асангазы. – Анын аты-жөнүн эшиктин сыртындагы жалтырак тактадан келатып окуган.
– Мен ушул айылдан болом. Атым – Акун.
– Жакшы. Кандай жумуш менен келип калдың? – Ал колуна калемин, калың журналын алды. Акун сөздү эмнеден баштасам экен дегендей саамга тунжурай түштү. Мени түшүнө алаар бекен деген ой көөдөнүнө тынчтык бербей атты.
– Сизге бир өтүнүч менен… – Баштап келаткан сөзүн андан ары уланта албай мукактанып калды.
– Айта бер. Колдон келе турган иш болсо жарадам беребиз. Тартынбай айта бер.
– Билесизби, мен бекерчиликтен, пайдасыз күн өткөрүүдөн тажап бүттүм. Колумдан келе турган ылайыктуу иш болсо… – Негедир үнүнүн кардыгып чыкканына өзүда ыңгайсызданып кетти. Башкарма аны кыйлага чейин унчукпай карап олтурду. Кабинеттин ичинде кулак тунжураткан жым- жырттык пайда болду.
– Жогорку билимиң жокпу? – деп сурады бир маалда.
– Жок, окуганга мүмкүнчүлүгүм болгон жок.
– Орто билим алгансың да?
– Мектептен да окуй албадым, он төрт жашка чейин баса албадым. Бирок, китеп окуп, жаза билем.
Башкарма кайрадан унчукпай калды. Анын алдында чече алгыс маселе тургандай шадылуу манжалары менен чекесин сыйпалап атты. Кыязы, ал бул жигитти кандай ишке алуунун айласын таппай жатты окшойт. Бир топтон кийин баш көтөрүп, Акунга карады:
– Ушундай де, жигит. Ата-энең барбы?
– Бар. Колхоздун коюн багышат.
– Жакшы экен. Эми мени туура түшүн, Акун. Сен конторада гана олтуруп алып иштешиң керек. Бирок, тилекке каршы, эч кандай билим жок экен. Сага бухгалтериялык же экономисттик иш ылайыктуу. Бул кесиптерсиз сага бир жумуштан иштөө абдан кыйын болот. Колхоздо болсо сага ылайык жумуш деле жок. Бирок, биз аракет кылып, караштырып көрөлү. Эгерде табылып калса өзүбүз кабар беребиз. – Ал кагазга бир нерселерди жазып алды.
– Ырахмат сизге, – деди Акун туруп жатып. Ал башкарманын акыркы сөздөрү негедир бошоңку чыкканын сезди. Антсе деле колхоз жетекчисинин көңүл буруп, бир-эки ооз жылуу сөз айтып койгону эле аптапта куурап бараткан өрүкзарга булак суусун буруп койгондой болду. Азыр эле бир жумушка орношуп алгандай көңүлү да көтөрүлө түштү. Анан дагы бир жолу ырахмат айтты да, чыгып кетти.
– Ишиңиз бүттүбү, – деди секретарь кыз.
– Бүткөнсүдү.
– Жакшы болуптур.
– Эми жыйынтыгы кандай болуп чыгаарын ким билет. Убадасын берди. Деги башкармаңар убадасына так немеби?
Секретарь кыз Акундун тамашалап же чын айтып жатканына түшүнө албагандай саамга карап калды да, ийнин куушуруп койду. Ал бул жигитти биринчи жолу жакындан көрүп, аны менен биринчи жолу сүйлөшүп жатса да, негедир көптөн берки тааныштай, аны жакшы биле тургандай өңдөнүп кетти. Ушундай аянычтуу, оор тагдырына карабастан мүнөзү шайыр, билимдүү, токтоо, акыл-эстүү жигиттей көрүндү. Кыз Акундун ушунусун ичинен жактырды.
– Убада бергенден кийин аны аткарышы керек, – деди ал кандайдыр бир ишенимдүүлүк менен.
– Убагында көрөбүз да. Болуптур анда. Ишиңизге жолтоо болбоюн. Эки-үч күндөн кийин дагы келип, кандай чечимге келгенин билип кетем го. Жакшы калыңыз.
– Жакшы барыңыз, – деди кыз да кичипейилдик менен.
Акун конторадан чыккандан кийин кандайдыр бир өзүн жеңил сезе түштү. Бир топ күндөн бери өзүн мындай сезе элек болучу. Көңүлү булутсуз асмандай ачылып, ички дүйнөсү тиги бак-дарактагы канаттуу куштар менен үн алышкандай. Деги, адамдын мүнөзү, кыял-жоругу кызык да. Жазгы күн менен адам мүнөзү окшош белем. Эч нерседен эч нерсе жок туруп эле, бирде ачык, бирде бүркөө. Анын сыңарындай, мында кирип келе жатканында ал кандай абалда эле? Ар кандай ойлорго чайналып келген. Мындай өтүнүч менен башкармага кайрылуу жөндүүбү же жөнсүзбү? Өзүнө ылайык бир жумуш таап бере алышабы же жокпу? Ушул сыяктуу ойлорду «жүктөнүп» кирген. Эми ал «жүк» мында калып калгансыды.

Жаз айынын толукшуган күндөрү биринин артынан бири өтүп жатты. Алма-өрүктөр гүлдөп, желе жорткон жумшак желаргы гүл жыттанып мурунду өрдөйт. Адамдын көңүлүн көкөлөтөт. Бардык тарап алма-өрүктөрдүн сан гүлдөрүнө оронуп алгандай көрүнөт.
Акун башкармага дагы эки-үч кирип, өз өтүнүчүнүн акыры эмне болгонун сураган. Бирок, андан «издештирип жатабыз, караштырып атабыз» дегенден башка жооп ала албады. Мындай көңүл жубаткан кургак жоопко анын ишеними жоголо баштады. Бүгүн да ошол эле жоопту угуп, Акун кабинеттен маанайы пас чыкты. Жыпар – секретарь кыз – өзү жалгыз олтурган. Акундун ишинин дагы оңунда эмес экенин дароо билди.
– Эмне, ишиңиз дагы бүтпөй калдыбы, – деп сурады ал.
– Быйыл бүтпөйт го, – деди Акун болушунча көңүлдүүрөөк жооп берүүгө аракеттенип. Аны менен сүйлөшүп олтургусу келди. Бирок, бул жерде иш көп болуп, анын үстүнө кирген чыккандардын да аягы суйулбайт. Башкарма көрүп калса аны да ыңгайсыз абалда калтырат. Ошондуктан кетүүгө камынып, эшикти көздөй бурулуп баратып кайра кыйылып туруп калды.
– Жыпар, сен иштен качан чыгасың, – деп сурады.
– Бүгүн иш көп. Бирок иштегенге көңүлүм эч чаппай турат. Тиги кетсе, эрте эле кетем. – Ал башкарма тарапка башын ийкеп койду. Анан:
– Эмне экен? – Ал Акунга суроолуу карап калды.
– Эч нерсе деле эмес. Жөн гана бир азга маектешип олтургум келет сени менен.
– Ии. – Жыпар бир топко чейин унчукпай олтурду да, анан эстегендей кызыгуу менен сурап калды:
– А эмне тууралуу?
– Аны өз убагында айтам.
– Демек, азырынча секрет дечи. Мен бир нерсени угуп калсам, анын акырын күтүп жатып, бук болуп кетем, – деди ал негедир наздана сүйлөп. Мунусу Акунга жагып, анын ичин кызытып жиберди.
– Бук болсоң да кечке чейин эптеп чыдашка туура келет.
– Жашырбай эле азыр айтып койбойсуңбу?
– Жок, азыр эч болбойт.
– Эмне үчүн?
– Билесиңби Жыпар, ар бир сөздүн өз учуру, өз орду, өз шарты бар. Аны ошондой учурда айтканда гана сөздүн максаты ишке ашат. Антпесе баасы төмөн болуп калат.
– Аа, ошондойбу?
– Ошондой.
– Демек, сен ар нерсени өз учурунда гана кармаган принципиалдуу жигитмин дечи. – Жыпар шыңкылдап күлүп калды.
– Турмуштун өзү принциптерге толгон. Бирок, баардыгыбыз эле аны колдонгонду биле бербейбиз. Ал эми мен өзүм аны бийик тутам.
– Дайыма эле? – Жыпар кызыккандай сурап койду.
– Дайыма.
– Бардык нерсегеби?
– Жок. Айрым учурда принциптен четтеп кетүүгө да туура келет. Бардык нерселерге принцип кармап отуруунун менимче, кажаты жок. Анткен күндө бир маанилүү нерседен куру калууга да болот.
– Азыр эле принципти дайыма кармай турганыңды айттың эле го. – Жыпар аны жаңылдырганына кубангандай күлүп калды.
– Аның туура. Мен айрым гана учурда деп жатпаймынбы. Принципке туура келбесе да жасоого туура келген учурлар болуп калат. Ошондуктан мен принцип менен эсептешпей туруп, аны аттап өткөн да кездерим болот. Ошондой болсо да мен негизинен принциптүү болууга аракет кылам.
– Мага азыр айтпай жаткан сөзүң да принципке таянабы?
– Албетте, – деди Акун көңүлдүү. Чынында эле анын көңүлү бир кыйла ачыла түштү.
Ал бир азга унчукпай калды да, анан алдындагы кагаздарга көз чаптырды. Жанагы жазып жаткан кагазын саамга таба албай көп кагаздардын арасынан издеп кирди. Анысын тапкандан кийин Акунга карады:
– Ал эми мени иштен алаксытып, иштен жаңылдыруу да принципке жатабы, – деп күлүп калды.
– Чынын айтканда бул принципке такыр жатпайт. Жана мен эскерттим эле го принциптен аттап өтүүгө да туура келет деп.
– Көрдүңбү, принципти дайыма бийик тутам дейсиң да, анан кайра аны бузуп жатасың. Жигит деген бир сөздүүбо-луш керек.
– Мунуңа кошулам. Бирок… бирок… муну бул жерде талашпайлы. Башка жерде чечишип бир пикирге келээрбиз. Азыр болсо мен кетейин. Чынында эле ишиңе тоскоол болуп жатам. «Шефиңден» жеме уктуруп жүрбөйүн.
– «Шеф» мага унчуга албайт, – деди Жыпар текеберчилик кылгандай. Анын үнүда ишенимдүү чыкты.
– Ошондой болсо да кеттим. Кечинде басып келем.
– Болуптур.
Акун чыгып кетти. Ал Жыпар менен сүйлөшүп алгандан кийин өзү кыйла жеңилдеп кала турган. Мындан мурда да үч төрт курдай келип, аны менен бир топко чейин сүйлөшүп олтуруп кеткен. Жыпар жөнүндө бир топ нерселерди билип да алган. Ал адеп көргөндө аны кыз экен деп ойлогон. Көрсө келин, болгондо да бир кызы бар, күйөөсүнөн ажырашып келген келин болуп чыкты. Чындыгында бул Акунга анча деле таасир эткен жок. Себеби ал аны менен жөнөкөй гана тааныштык мамиле түзүп алган. Жанында ар нерсенин башын бир чалып, маектешип олтуруу жагат. Бирок, кийинки кездерде ал жөнүндө ар кандай жагымсыз сөздөрдүуга калып жүрөт. «Эл оозунда – элек жок» дейт эмеспи. Бирөө угуп айтат, бирөө болжоп айтат. Кимисиники туура экенин териштире албады. Анын үстүнө бирөөнүн жеке турмушуна кийлигишкиси келбеди.
«Бирөөнүн жеке турмушуна киришкидей мен ким элем? Ар ким өз билгениндей, каалаганындай жашайт да. Ал менден суранып олтурмак беле. Балким, уккан сөз чындык болсочу? Сыртынан караганда татынакай, эстүү-баштуу эле келин. А мүмкүн болбогон нерседир. Бирок, жел болбосо чөп башы кыймылдабайт эле го. Андай болсо ага жакындап, аны менен шынаарлашууга тийиш эмесмин. Булганыч адам менен мамиле кылуунун өзү жакшы эмес. А эмне үчүн башкалар андан качпайт? Алар анын жеңил ойлуулугунан пайдаланып жатышпайбы. Эмне үчүн алардан айрымаланышым керек? Ал мени жакшы көрөт. Жанымдан чыккысы келбейт. Неге мен да ушундан пайдаланбайм? Кыялымда ушундай кырдаалдын болушун самабадым беле. Жаздыгымды кыз деп сезип, кыз деп боорума кыспадым беле. Эми эмне үчүн ошо кучагыма Жыпарды кыспайм? Аны менен олтурганымда Анара деп элестетем го. Анара… Бул оюмду билип калса эмне болмок? Жок. Ал жөнүндөгү тунук оюмду, таза сезимимди Жыпарга булгатып алгым келбейт. Анарага деген сезимим баарынан кымбат. Жашоом ошону менен гана мазмундуудай көрүнөт. Андыктан күнүмдүк азгырыкка берилбешим керек. А чынында Жыпар менен маектешип, аз да болсо көңүлүмдү көтөргүм келет. Жан дүйнөнүн жалгызчылыгынан качкым келет. Буга капа болбо, Анара. Сенин элесиң дайыма мени менен. Аны алмаштырып жибербейм. Буга ишенип кой».

Ал ушундай ойлор менен өзүн сооротуп тим болгон. Канткен менен да Жыпар менен болгон байланышты үзгүсү келбеди. Аны менен кинолорго барып, кыйла жерге узатып коюп жүрдү.
Баятадан бери китеп окуп олтурган Акун колундагы саатын карады. Бештен бир аз өтүп калган экен. Ал ордунан туруп, таза шымы менен костюмун кийди да, сыртка чыкты. Короодо жууркан каптап олтурган энеси ага суроолу карап калды:
– Бүгүн да бир жакка барасыңбы? Кечинде эртерээк келип жүрсөң. Жаткандан кийин келип, ачка бойдон жатып аласың. Минтип жүрсөң ментиңден тайып каласың го. – Энесинин үнү кандайдыр жалооругандай, жумшак угулду.
– Эрте эле келем, эне, – деди Акун. Энесинин аёолуу тиктеген көздөрүн карап алып, негедир ыйлагысы келип кетти. Анын мойнунан кучактап, куудай агарган чачтарынан сылап эркелегиси, моюн-башынан жыттагысы келди. Анан ага дүйнөдөгү асыл сөздөрдү айтып, ага болгон ыраазылыгын билдиргиси келип кетти. Бирок, ага батынбады. Короодон тез чыгып кетти. Себеби көзүнөн жылуу тамчылар мөлтүлдөп, кулап кетүүгө даяр турган. Аны энесине көргөзгүсү келбеди. Ансыз деле жаралуу жүрөгүнө туз сепкиси келбеди. Улгайып баратканын эми байкагансыды. Ичи ачыша түштү. Ооба, ал киши улгайып бараткан. Буга Акундун да үлүшү бар. Муну ал мойнуна алат. Ал үчүн канча азаптарды, уйкусуз түндөрдү, тынчы жок күндөрдү башынан кечирбеди. Жонуна сундуйтуп көтөрүп жүргөнүчү. Баласынын дартмандуу болуп калышына өзүн айыптап, өзүн өзү күнөөлөгөнүчү. Ошон үчүн көз жашын көлдөтүп, канча жолу ботодой боздободу. Эненин мээнети Акун үчүн өлчөмсүз. Аны жүрөк менен өлчөп, жүрөк менен гана баалоого мүмкүн. Ошондо да ийне учундай карасы жок, өзгөчө бир жүрөк керек. Андай жүрөк Акунда барбы?..
Конторанын жанынан шыдыр өтүп, Акун колхоздун калың багына кирди. Жыпар дал ушундай өтөт. Үйү тиги жогору жакта. Бактын ичинде эч ким жок, тынч. Жалбырактардын гана желге шуулдашканы угулат. Жашыл жалбырактарга жашынышкан канаттуулардын өз ара үн алышкандары кандайдыр бир жагымдуу, уккулуктуу симфонияга окшоп кетет.
Акун чоң түп ак кайыңдын түбүнө келип олтурду. Көк чөп денени сергитип, жагымдуу жыттанат. Ал буттарын сунуп башын кайыңга жөлөдү. Чалкалап жогору карады. Кайыңдын барпайган жалбырактуу бутактары асмандын бетин калкалап турду. Алардын арасынан анда-санда күндүн нурлары жылт- жулт этип көрүнө калып, кайра жок болушат.
Кайыңдын бир кичирээк бутагын кимдир бирөө сындырып кетиптир. Бутактын дал сынган жеринен туптунук тамчылар тыпылдап таамп турат. Ошол тамчыга алаканын тосо берди. Тамчы тып этип келип тийгенде, туш-тушка чачырап кетти. Анын артынан дагы, дагы тамчылар келип тийип жатты. Алакандын чуңкурунда бир нече тамчы мөлтүрөп турду. Аны оозуна жакындатып, тилинин учу менен акырып жалап көрдү. Кант кошулгандай кермек даамдана түштү. Аны көпкө чейин тили менен жалай берди. Ушундан бир чоң ырахат алгандай болуп жатты.
Кыйладан кийин стадион менен каалгып жай басып келаткан Жыпар көрүндү. Ал башын төмөн салып, негедир ойго тунган кыязда келатат. Анын мындай басышын мындан мурда көрө элек эле. Негедир аяныштуу көрүндү. Акун жаткан калыбында козголгон жок. Алаканын дагы тамчыга тосуп жата берди. Жыпар кыйгач өтүп баратып, аны көрдү. Бери тартты. Жанына келип, эки жакта башка бирөө жок болду бекен деген кыязда айланасына көз чаптырып өттү. Бак ичинде алардан башка жан жок болучу.
– Коркуп жатасыңбы, – деп сурады Акун оюн-чындан.
– Жок, жигиттин жанында олтуруп, анан эмнеден коркмок элем.
– Кээде жигиттер да коркунучтуу болуп чыга келишет.
– А мен сенден коркпойм. – Жыпар наздана күлүп койду. Анын күлкүсүда эң жагымдуу эле. Ал Акундун жанына келип, кыска этегин ылдый тартып коюп, көк чөпкө олтурду. Ал олтуруп жатканда анын апакай сандары Акундун көзүнө чалына түштү. Денеси дүүлүгүп, делебеси козголо түшкөнүн сезди. Жыпарды шап кучактап, өпкүлөгүсү келди. Өзүн колго алып, көзүн башка тарапка бурду.
– А менден эмне үчүн коркпойсуң, же ошончолук эле коркунучсузмунбу?
– Себеби сен андай жигиттерден эмессиң да.
– Андай дегениң кандай? – Акун чынында эле анын сөзүнө түшүнө албай калды.
– Коркунучтуу дегеним да.
– Аа. Бирок керек учурда андай деле болуп коём.
Жыпар шыңкылдап күлүп калды.
– Эмне, ишенбей турасыңбы?
– А сен ишендир да, – деди Жыпар кылыктана күлүп.
Акун аны мойнунан кучактады да, өзүнө тартты. Анан көк чөпкө чалкасынан жыгып, эрдинен ушунчалык кумарлануу менен өпкүлөп кирди. Эриндери ысып чыкты. Денеси дүүлүгүп, делебеси козголуп кетти. Колу өзүнөн өзү барып, тирсийген эмчегине жабышты. Көздөрү негедир ымыр-чымыр боло, бир башкача сезимге азгырылып баратты. Ушу тапта өзүнүн эмне кылып жатканын ойлогон жок. Ойлоого чамасы да жок эле. Келиндин эринине жабышып, үстөккө босток өбө берди. Андан кандайдыр бир күчтүү атырдын каңылжарды жарган жыты уруп турду. Жыпар бир кыйлага чейин каршылык кылбай, анын эркинде болуп, анын мойнунан кучактап жата берди. Анан бир маалда Акундун ийнинен нары түрттү:
– Болду эми, коё бер. Келесоо десе. Бирөөлөр көрүп калса эмне болобуз?
Акун эми гана эсине келгендей, жай өйдө болуп, кучагындагы Жыпарды бошотту. Ал уйпаланган чачын оңдоп, бир байлам жоолугун түздөп салынды. Негедир анын жүзүнөн күлкү ойноп турду. Акун бир аз убакытка чейин аны кароого даабагандай, нары жакты карап олтурду. Анан эки колун башына жаздап, чалкасынан жата кетти. Көгүлтүр асман. Ортодо бир кыйла мезгилге тынчтык өкүм сүрдү. Жыпар Акундун жанына кыңайып, алаканы менен анын бетинен эркелеткендей жумшак сылады. Акун кыялында муну Анаранын алаканына салыштырып, андан назиктик, аялдык мээрим, жылуулук издеп жатты. Анан капысынан «ушул колдор менден мурда канча кишинин бетин сылады болду экен» деген ой көңүлүнө келип тык этти. Ушул ой ичиркентип жиберди. Иренжи-гендей нары карап кетти. Көкүрөгүн кере оор улутунуп алды. Муну келин башкача түшүндү.
– Эмне, таарынып калдыңбы, – анын үнү акырын, анын алдында айыптуудай чыкты.
– Аялдарга таарынчы жок. Анткени алар эң назик, ийилчээк келишет.
– «Ийилчээк» деген сөз менен эмне айткың келет?
– Ак көңүл дегеним да. Эркектердин тышы жалтырак, ичи калтырак сөздөрүнө тез эрип, тез алданып каласыңар. Мунуңар көп эркектерге жагат.
– А сагачы?
– Мага жакпайт.
– Эмне үчүн?
Акун жооп бергиси келбегендей ийнин куушуруп гана тим болду. Бирок, келин аны оюна койбой, колу менен анын башын өзүн карай тартты:
– Эмне үчүн деп сурап жатам.
– Айтпайм. Таарынып каласың. Ал түгүл көзүңдүн жашы мобул тамчыдай мончоктоп кетет. А мен аялдардын ыйлаганын абдан жаман көрөм.
– Мейлиң, айткың келбесе – жөн кой. Ансыз деле оюңдун чет-бучкагын түшүнүп калдым. – Ал бир саамга унчукпай калды. Анан башын көтөрүп, Акунга тике карады:
– Айтчы Акун, мен ошончолук эле жаман адаммынбы? Эмне үчүн баарыңар эле мага шектүү карап, алдыртадан күйдүргү сөз жылдырасыңар? Же эмне, турмушунан бузулган аял жалгыз гана мен бекемин, ыя?
– Өзүң кандай деп ойлоп, өзүңө кандай баа берер элең, – Акун калыбынан жазбай сурап койду.
– Билбейм, чынымды айтсам бул тууралуу баш катырып ойлонуп көргөн эмесмин. Айтсаң Акун, мен чын эле жаман аялмынбы? – Жыпардын үнү муңкангандай чыкты.
– Мен сени жаман аялсың дегеним жок го.
– Ошентсе да.
– Билесиңби, эң жаман деген адамдын да кандайдыр бир жакшы сапаттары бар. Мисалы, мага сенин шайыр, ачык мүнөзүң жагат. Сөздү түз, бетке айтасың, мунуң да жагат.
– Ал эми жакпаган жерим кайсы?
– Сен тууралуу айтылып жүргөн сөздөр.
– Ушакка да ишенесиңби?
– «Калк айтса – калп айтпайт» дейт эмеспи.
– Кызык, мен жөнүндө кандай жаман сөздөрдү уктуң?
– Ар кандай.
– Ачык айткандачы?
– Сенин жеңил ойлуулугуң, турмушка жеңил мамиле кылып, ар кимдер менен…
Акун сөзүн андан ары уланта албай туруп алды. Негедир ыңгайсыздана да түштү. Ушул сөздү баштаганына өкүнүп калды.
– Айткандар айта беришсин. Кандай жашап, кандай жүрүш – менин жеке ишим.
– Албетте, ал сенин ишиң. Бирок…
Жыпар анын айтып келаткан сөзүн аягына чыгарбай, оозунан жулуп алды:
– Мага сенин «бирогуңдун» кереги жок. Же сен да мага моралдык кодексти үйрөтөйүн деп турасыңбы? – Жыпардын ачуусу келгени үнүнөн билинип турду. Экөө тең унчукпай калды. Ортодо дагы тынчтык өкүм сүрдү. Акун аны таарынтып алганын туйду. Анысын кантип жазып, сөздү кайрадан кантип улантаарын билбей олтурду. Чынында ал Жыпарды айыптап, таарынтайын деген эмес. Ойлобогон жерден бул сөз чыгып кетти. Деги эле ушул багытта сөз баштап алганына өкүндү.
– Кечирип кой, Жыпар. Сени эч капа кылайын деген эмесмин.
– Эч нерсе эмес. Мен адамдардан кагуу жеп көнүп калгам. Ага капа болбойм. – Ал көзүнүн кычыктарындагы жашты сүртүп койду.
– Кагуу жеп дегениңди кандай түшүнүү керек?
– Анан эмне, бузулган келинди мактап турушмак беле. Чөп-чардын баары эле андай адамга жабыша калат. Анан анын ак, карасын так ажыратып, тазаланып көр.
– Бул жөнүндө сүйлөшпөйлүчү Жыпар, макулбу, – деди Акун сөз багытын башка тарапка бургусу келип.
– Жок, мынчалык башталып калгандан кийин менин жаман же жакшы катын экенимди аягына чыгара аныктап алышыбыз керек. Эмне үчүн сенин бул жерде мени күтүп олтурганыңды билбейт, түшүнбөйт деп турасыңбы? Жок, эгер минтип ойлогон болсоң жаңылышасың. Эң сонун билем. Менин бузулгандыгымдан, шуркуялыгымдан сен да бир пайдаланып, ой бооруңча кумар кандыргың келет. Себеби биз ошол үчүн гана жаралганбыз. Биздей аялдарда ар да, намыс да жок. Кана, эмнени күтүп турасың, мен даярмын. Же бир аз караңгы киришин күтүп жатасыңбы? Мейли, ага деле күтүп берейин.
– Жыпар, токтот сөзүңдү.
– Эмне, уялып кеттиңби? Жигит деген да сендей болобу? Анда түндүн киришин күтөлү.
– Токточу Жыпар, суранам. – Акундун кыжыры келип, колдорун майда калтырак басып кетти. Ал келинди жаактан ары берип калгысы келди. Бирок, өзүн зордоп токтотту. Жыпардын мындай экенин билген эмес. Анын мүнөзүнүн мынчалык тез өзгөрүлүп кетиши таң калтырды. Анын ачуу сөздөрү кулагында жаңырып, кандайдыр бир ыңгайсыз абалдан чыга албай атты.

Жыпар токтоп калды. Акундун ачуусу келип, эмне кыларын билбей турганын көрүп басылып калды. Жигиттин көңүлүн оорутуп алганын сезди. Чынында ал аны башкалардай көрчү эмес. Анын өзүнө жасаган мамилеси жага турган. Анткени көпчүлүк жигиттер ага ажыкыздык менен мамиле кылыша турган. Ал эркектин жакшы, жылуу мамилесине муктаж эле. Бирок, анын бул кымбатка турбаган муктаждыгын эч ким түшүнгөн жок. Муну ал улам бир жигиттен күтүп, бирок андан да көңүлү калып, анан башкасынан күтүп жүрө берди. Ошентип, анын айыңы айылдын баш-аягына тарап кетти. Адегенде мындай сөздөрдөн корунуп, чүнчүп жүрдү. А кийин баарына кол шилтеп койду. Өзүн эркин, гүлдөн гүлдү тандаган көпөлөктөй сезди. Убактылуу ырахат, көңүл ачуу, ичкилик, көз ирмем кумар… Анан кайра эле баягы жан дүйнөнүн тажаткан, жанга баткан боштугу, жалгыздыгы. Кайра эле көңүлүндөгү адамдын жылуу сөздөрүн, жумшак мамилесин эңсөө. Бирок, ал турмуштун туура эмес жолуна түшүп алганын түшүнгүсүда келген жок. Бул жолго капысынан, байкоосуздан кабылды. Анын үстүнө ага шайкелең мүнөзү, бир аз жеңил ойлуулугу да кошумча болуп кетти.
Жогорку окуу жайына өтө албай калгандан кийин, айрым курбуларына окшоп, шаарда иштеп калгысы келбеди. Айылга кайра келип, үйдө бош жүрдү. Иштешке мойну жар бербеди. Ушундай зериктирме күндөрдүн биринде сүйлөшүп жүргөн жигити келди да, аны өзүнүн бир жолдош баласынын үйлөнүү тоюна барып келүүгө чакырып калды. Аны менен мурда да эки-үч жолу отуруштарда бирге болгон. Бирок, чындыгында ал жигитти чындап сүйөөрүн, же сүйбөсүн алиге ажыратып биле элек эле. Сүйүү жөнүндө көп деле ойлоп, ал жөнүндө самачу эмес. Ошондой болсо да ал жигити өзүнө жага турган. Мына ошентип, ал күнү кечинде жигити кандайдыр бир жеңил машина менен келип калды. Машинада андан башка дагы үч-төрт жигит бар экен, аларды Жыпар тааныган жок. Ал тигинин жолдоштору болсо керек дегендей ойдо болду. Алар бир аз алагүү болуп алышкан. Аны салып алышты да, кайдадыр жөнөп кетишти.
Барышкан үйдө да булардан башка балдар-кыздар олтурушкан экен. Жыпар эч нерседен шек алган жок. Беркилер менен кошулуп олтура берди. Ырдады, бийледи, ичти. А убакыт өтүп жатты. Ичкилик ичпеген немеге шампанга байкатпай арак кошуп, бир эки ууртата беришти. Качан гана кызып калганын билишкенден кийин акырындап жылып чыгып отурушуп, акырында өзү жалгыз калганын да байкабады. Анан өзү сүйлөшүп жүргөн жигитинин жолдошу жылып кирип, жарыкты өчүрдү. Иштин эмне менен бүткөнүн ал эртеси гана түшүндү. Жигитинин чыккынчылык кылып, башка бирөөгө салып бергенин ошондо билди. Айла канча, өкүнгөн менен өткөн иштин орду толмок беле. Ошентип, «таш түшкөн жеринде оор» дегендей отуруп калды. Жигитинин ушунчалык чыккынчылыгына, наадандыгына кыжыры келип, ага ичи күйүп, кекенип да жүрдү. Көз жашын көлдөткөнү канча. Бирок, анын колунда эмне бар эле. Ага эмне жамандык кыла алмак эле. Акыры тынчып калды. Эми күйөөсү экөөнүн ынтымагын тиледи. Үй-бүлөнүн күндөлүк түйшүгүн өз мойнуна алды. Кыздуу да болушту. Бирок, негедир убакыт өткөн сайын бири бирине болгон мамилелери өзгөрүп, ортодогу ансыз да бошоң тарткан ынтымак билинбей ыдырай берди. Биринин сөзү бирине жакпайт. Буга кошул-ташыл болуп, күйөөсү тез-тез ичип келе турган адат тапты. Айрым учурда үйгө түнөбөй да калат. Бул болсо Жыпардын аялдык намысын козгоп, албууттантты. Артынан акырын аңдып жүрүп, бир күнү башка аял менен жатканын кармап алды. Күйөөсүнүн бетине асылды. Ал да аяган жок. Бети-башын, денесин көгала кылып жанчып, үйдөн сүйрөп чыгарды. Өзү болсо кайра тигил аялды көздөй кирип кетти.
Ошентип, бети-башын көгөртүп, кичинекей кызын көтөрүп алып энесиникине келди. Канчалык ызаланып, кордук көрсө да аны кыя албай, кайра келишин тымызын күтүп жүрдү. Кечирим сурап келип, өзүн кайра алып кетишин самады. Ар-намысын тебелеп кетсе деле кечирүүгө даяр эле. Анткени кызын аяды. Аны тирүүлөй жетим кылгысы келбеди. Тымызын күтө берди. Арадан айлар, анан жылжып жыл өттү. Бирок, ал бир басып келбеди. Кызын да бир көрүп, абалын сурап койгонго жарабады. Себеби ал эчак эле баягы аялга үйлөнүп алган. Жыпар муну бир жылдан кийин гана укту. Ал үчүн эми баары бир болуп калды. Анан өзүнүн жаштыгын, сулуулугун бекер өткөргүсү келбеди. Бул анын негизги байлыгы эле. Баардыгы мына ушундан башталды. Отуруштар, ичкиликтер, жигиттердин карылуу кучактары… Анан кандайдыр бир жанга жай бербеген жалгыздык. Жан дүйнөнүн боштугу. Кызы менен иши деле болгон жок. Аны энесине берген.
Жалгызчылыкта жүргөн күндөрүнүн биринде ал кош балдакчан жаш жигитти көрдү. Анын токтоо мүнөзү, көп сүйлөбөгөнү, өз орду менен чыккан сөздөрүага бир башкача таасир берип калды. Бир четинен анын аянычтуу тагдырына жаны ачыды. Бул – Акун эле. Ал дагы ага жакындап, боор тартккансып жүрдү. Кийин экөө ынак болуп кетти. Биринин сырын бири билип, жакшы курбу катары жүрүштү. Чектен тыш адепсиздикке барышкан жок. Акун мындан кымындай да шек бербеди. Бул Жыпарга абдан жакты. Калжаңдардан жедеп тажап бүткөн. Көптөн бери эңсеп жүргөн жакшы мамилени, жылуу сөздү андан тапты. Буга ичинен кубанып, көңүлү токпейил тартып жүргөн.

Эми болсо минтип… Же дагы жаңылып калдыбы? Демек, эркектердин баардыгы бирдей экен да. Ал деле аны башкалардай оюнчук катары көрөт турбайбы. Анын деле көздөгөнү, самаганы ошол экен да. Ал такыр башка ойдо жүрбөдү беле. Эми анысы ташка тиеби. Ушул ойдон улам анын ындыны өчө түштү. Эми эле буркан-шаркан түшкөн мүнөзү өзгөрүлүп, момурап олтуруп калды. Көздөрүнөн буурчак болуп төгүлгөн жашы бетинен төмөн куюлду. Акун чөнтөгүнөн жүзаарчысын алып, Жыпардын бетин сүрттү. Бул аны эреркетип жиберди. Ал башын Акундун төшүнө жөлөдү. Ушу калыбында кыйлага чейин басыла албай шолоктоп жатты.
– Кечирип кой, Жыпар. Сени капа кылайын деген эмесмин, – деди Акун бир топтон кийин. Жыпар унчуккан жок. Күн батып, бак ичи күңүрттөнө баштады. Бактын баштарын тоо жели акырын гана нары-бери ыргап, кыймылдатат. Кайдадыр жакын эле жерде шылдырап булак агып жатат.
– Кеч кирип калды Акун, менин кетишим керек, – деди Жыпар бир маалда. Алар орундарынан турушту. Унчугушпай жогору, Жыпар кете турган көчөгө басышты. Негедир Акундун үйгө тез кетип калгысы, жалгыз болгусу келди. Өзүнөн өзү шаабайы сууп, ыргылжың тартты. Бирок, андан бөлүнө албай балдактарын акырын шилтеп, келинди жандап кете берди. Ушул калыпта экөө жогорку көчөгө чыгышты. Дагы эки көчө артта калды. Бул жол өңгүл-дөңгүл болгондуктан Акундун кадамдары аярлап, басыгы жайлай түштү. Муну сезген Жыпар:
– Мен өзүм эле кетем, убара болбо, Акун, – деди акырын. Акун унчуккан жок. Дагы бир аз басышты. Булутсуз асманга ай көтөрүлдү. Айлана кыйла жарык боло калды.
– Баса, мага эмне айтмак элең. Жана айтпай койбодуң беле, – деп сурады Жыпар эми гана эстей коюп.
– Маанилүү деле сөз эмес. Жөн гана маектешип олтурсакпы дегем. Бирок, бүгүнкү маегибиз өз деңгээлине көтөрүлүп, достук кырдаалда өтө албады.
– Дипломат, – деди Жыпар жылмайып. Бирок, мунусу мурункуларына эч окшобой калды. Балким, кеч күүгүм жашырып койгондур.
– Болуптур эмесе, мен кетейин. Кеч болуп калды. Бир аз кечиксем эле энем жемелей берет. Мени дале кичинекей кызындай көрөт окшойт.
– Жыпар, сенден дагы бир ирет кечирим сурайм. Ишенип кой – баардыгы жакшы болот.
Жыпар башын ийкеп, унчуккан жок. Акун аны өзүнө тартып, бооруна бекем кысты. Дирилдеген эрдинен өптү. Анан коё берди. Экөө эки тарапка басышты. Бир топ узагандан кийин негедир Акун токтоп, артын кылчайып карады. Жыпар башын жерге салып, кадамдарын жай таштап кетип баратыптыр. Анын ушул көрүнүшү аянычтуу сезилип кетти. Ичи ачыша түштү. Кыйлага карап турду. Карааны кеч күүгүмдө көзгө чалынбай калганда гана төмөн басты…

Күз келди. Элп эткен желге төш тосо алышпай, саргайган жалбырактар калдактай учуп түшөт. Күн өткөн сайын бак-дарактар жыланачтана, комсоо тартышат. Күбүлгөн сарбариктер менен көөдөнүндөгү бир кымбат нерсеси кошо күбүлүп жаткандай Акун бак ичинде тунжурап олтурду. Бир кезде бетине чып эте жалбырак чабылды. Ошондо баш көтөрдү. Балтаны колуна алды. Кечээ күнү иниси Таалай көл жээгиндеги отун базасынан бир прицеп чырпык жүктөп келген. Ага жакшы эрмек табылды. Кичирээк үстөлгө олтуруп алып, кечээтен бери кертип жатат. Кертилгендерин иниси гараждан келе калганда нары жыйып, беркилерин жакындатып берет. Майда көрүнгөнү менен бу деле кыйла жумуш экен. Дагы тең жарымынан оой элек. Ушуну менен алпурушуп жатып, бешим болуп калганын да билбей калыптыр. Короого калдырап араба киргендей болду. Тоодогу атасы экен. Акундун жанына басып келди.
– Салом алейким.
– Алейким салам. Ойу-уй, катуу киришкенсиң го. Ушу отундун баарын өзүң керттиңби? – Нары жакта сарайдын дубалына кынай жыйылган чырпыктарды көрсөттү.
– Ооба. Аларды Тапы жыйып койду.
– Кыйналган жоксуңбу? Жөн эле коюуң го. – Асанкул алма бакта жыйналып турган тактайлардын четине көчүк басты.
– Кыйналган деле жокмун. Бир четинен Тапыга жардам болсо, экинчи четинен жакшы эрмек болот экен. Колумдун жооруп кеткени гана болбосо… – Ал күлүп мөлтүрөп чыккан алаканын көрсөттү.
– Мурда балта кармабаганыңдыкы да. Жөн кой. Калганын балдар бүтүрүп коёт.
– Эч нерсе эмес, ата. Баштагандан кийин аягына чыгайын, аз калды. Тапы да бошобой атат. – Акун ушу орундан тургусу келбей атты. Чекесиндеги терин жеңинин учу менен сүртүп койду.
– А мейли анда. Кыйналбасаң болду. Мен бүгүн эгин алдым. Эмгегибиз эки тоннадан ашык экен. Колхоз сага да үч центнер буудай, анан отуз сом жазып коюптур. Аны да алдым. – Ал төш чөнтөгүнөн он сомдуктан үчтү сууруп Акунга сунду. Муну ал күткөн эмес.
– Эмнеге?
– Эмнеге дегени эмнеси? Берип атса албаймбы.
– Жок, эмнеге жазып коюптур?
– Анысын ким билиптир. Балким, жардам катары берип атышса керек. Же сен чоңдорго барып жардам сурадың беле? – Атасынын күтүлбөгөн бул суроосу ага негедир катуу тийди. Дароо жооп бере албай туттуга түштү.
– Жок. Мен алардан жардам сурап эмне… – Андан аркы сөздөрү көмөкөйүнө жутулуп, чыкпай калды. Анан бая жазда башкармага барганы эсине түштү. Аны унутуп да коюптур. Ал кийин да эки-үч сапар кирип, өзүнүн өтүнүчү жөнүндө сураган. Куру убададан башка тыңгылыктуу жооп ала алган эмес. Ошондон кийин ага кайра кайрылган эмес. Ал көкүрөгүнө уюган ошо ниетинен майнап чыкпасын билген. Коляска менен араң жүргөн жигиттин колунан эмне келмек эле. Муну баары эле билет да.
– Ме, муну бир керегиңе жаратып алаарсың.
– Жок, тим эле коюңуз, ата. Мен эч кимден акча сураган эмесмин. – Үнү муңайып барып дирилдеп кетти. Көзүнө жылуу жаш ирмеле калды. Анысын билгизбөөгө тырыша, арка жагындагы чырпыктарды бери тарта жакындатып кирди. Атасынын тез эле кетип калышын, жалгыз калууну самады. Колунун калтыраганын токтото албай жатты. Муну кыраакы Асанкул дароо байкады. Туруп келип, уулун далысынан акырын таптап, чекесинен өптү. Анан колундагы акчаны бы-рыштыра мыкчыды. Короо тарапка баратып, жүзаарчысы менен көздөрүн сүрттү. Муну Акун көрүп калды. Баятадан араң турган көз жашы ээ-жаа бербей мончоктоп кетти. Көөдөнүн тээп чыккан ысык бук мөлтүр тамчылар менен кошо сыртка атырылды. Көптөн бери мынчалык өксүп ыйлай элек болучу. Эми өзүнө өзү ээ боло албай калды. Ошо өзү көрбөгөн буудай, колуна албаган акча аны бетке чапкансыды. Жүрөгүнө бычак болуп сайылгансыды. Ошо экөө кемсинтип койду. Куюлуп жаткан көз жашын сүртпөй, жооруган колуна балтаны алды. Ушунчалык өжөрлүк, кекенгендик менен чырпыктарды шарт-шарт керте чаап кирди. Кертилген чырпыктар туш-тушка ыргып кетип жатты. Бакка кирүүчү каалгага далдалана берген Асанкул уулун тунжурап кыйлага карап турду. Анан бет ылдый куюлган жашын сүрттү. Колундагы үбөлөнгөн акчаны тигиндей ыргытып жиберди…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Жакын эле жерден торгойдун жан-алы калбай безеленгени Акунду коюу чаңдын тумандуу койнунан сууруп алды. Казылган жайдын айланасындагы кырданган топурактар кыйла азайып калган экен. Бир топ адамдар дале күпүлдөтүп, күрөктөрдү улам бири ала коюп көөмп жатышат. Жан дилдери менен иштешүүдө. Алардын айрымдары Акунга бейтааныш болучу. Ушу бейитке чогуу келген жайнаган адамдардын көпчүлүгүн да тааныбайт эле. Шаарга кеткенине он беш жылдан өтүп калган. Тириликтин токтобогон шарданында жүрүп, айылга деле сейрек каттачу. Жакын туугандардын арасындагы жакшылык-жамандык учурунда келе калбаса. Анда деле келе албай калган кездери канча. Жумушу, андан бошой калса машинкасын чыкылдатып олтурганы олтурган. Бирок, туугандардын ич арасындагы ыгым-чыгымдарынан четте калбайт. Колунан келишинче кутулуп коёт. Демейде кадыры билинбеген туугандар ушундай башка иш түшүп, мүңкүрөп турган учурда билинет турбайбы. Алар чуркабаса, алар болбосо ушунча эл Акун үчүн келет беле. Анын Анарасына топурак салышат беле. Ырас, өлгөнгө бир чымчым топурак салып, акыркы сапарына узатып коюш ар бир пенденин адамдык парзы дечи. Антсе деле… Адам менен адам болот турбайбы. Алардан четте калып, обочолонуп көргөн күнүң курусун. Жаткан ташка суу жукпайт деген кеп туура экен да. Мунун «даамы» али таңдайынан кете элек. Азыр ал ошо «даамдан» ачууркангандай силкинип кетти. Ойдун көз ирмем мезгил сеп албаган кербени аны кайдадыр өзү менен кошо алып жөнөдү…

Ким билет, башкарма өзү берген «материалдык жардам» майып жигитке муш болуп тиерин ойлобосо деле керек. Балким, бир жакшылык кылып, адамдык парзымды өтөдүм деген пикирде калгандыр. Анысы ага белгисиз. Бирок, ошо күндөн кийин Акунду ой басып, көчөгө да көп чыкпай калды. Аны көргөндөрдүн баары эле ага карап, аны аяп, ага боору ооруп жаткандай, ага чөнтөктөрүнөн акча алып суна тургандай сезиле берди. Болбосо ошо эл Акунга башкарма үч центнер буудай менен отуз сом бердиргенин билип алышкандай, ачка калганынан өзү барып жардам сурагандай, ошонусу менен ата-энесин, бир туугандарын уятка калтырып койгондой пикирде калып, ошонусу үчүн аны жек көрүп жатышкандай болуп, эл көзүнө көрүнбөөгө тырышты. Үйдө олтурат. Короого чыгат. Бакка чыгат. Кайра кирет. Китеп окумуш болот. Же анысы башына кирбейт. Каргашадай болуп ошо күнү башкармага бара койгонуна кыжыры келет. Бир туруп ага жинденет. Андан сурап жатпагандан кийин буудайы менен акчасын эмнеге берет. Же ошону менен анын өксүгү толуп, өмүр бою ток жүрөт беле. Жумуш табылбагандан кийин жок деп койсо ошого ыраазы болуп тим калмак.

Баса, деги ал кандай жумушта иштегиси келет? Же бир атайын билими болбосо эсепчи-кысапчы болуп, чотун тарсылдатып олтура бергидей. Же контордогу кагаз-кугаздарды көчүрүп бергидей жазманы жөндүү билсе экен. Адатта эшегине жараша – тушагы деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай колу да дартмандуу. Калемди жөндүү кармай албайт. Кээде өзү жазган тамгаларды окуй албай эжелеп эси кетет. Болбосо усталык кыла албаса. Ага да басып-туруп, жыгач көтөрүп иштөө керек. Балким, өтүкчүлүк ылайыктуудур? Бирок, ага өзүнчө жөндөм, колдордун эби зарыл эмеспи. Аны Фрунзеден окуп келип атышпайбы. Демек, ал да болбойт. Же бир жерге сакчы болсочу? Андай жерде мылтык көтөрүп иштеп жүрүшпөйбү. Анын үстүнө ага ишенип ким коёт андай жооптуу ишке. Ал да болбойт. Ошентип, анын колунан келе турган иш бу дүйнөдө жок экен да. Анда кантип жашайт? Деги, ал үчүн бу жарыкчылыкка келгендеги мүдөөсү, максаты эмне? Бир гана курсагын тойгузуунун камы үчүн келдиби? А дагы өз күчү, өз эмгеги менен эмес. Башкалардан эсебинен. Анда анын сүлүк курттан эмне айрымасы бар? Курт го эмне үчүн жашап жатканын да сезбейт. А ал адам эмеспи. Анын сезими бар го. Ошо сезим курт сыяктуу жашаганга макул болобу? Күнүмдүк тойгонуна канагаттанабы? Албетте жок. Андай жашоонун жүзү курусун. Андан көрө жашабай койгон оң. Алда канча пайдалуу. Кимге? Ата-энесине, өзүнө пенсия чектеп берген өкмөткө. Анткени нандын бир үзүмү болсо да берки бир туугандарына артат эле. Ага төлөнгөн акча балким, төшөктөн тура албаган бир майыпка тиет. Ошонун бир нерсесине жарап, тыгынчык болуп берээр. Ушу сыяктуу шыргалаң суу сымалдуу ойлор андан алыстабай ичтен кемире берет. Даракты курт жейт, а адамды ой жейт. Бу пенде дегениң жамгырдан, бороондон жашынып кала алат. Асты ойдон качып, ойдон жашына албайт экен. Адамдын бир алсыздыгы, бечаралыгы ушунда турбайбы.
…Кыштын кыска күнү малчылар үчүн кандай өтүп кеткени билинбей калат. Күн чыга электе кыймылдаган немелер каш карайганча жандары сеп албайт. Эртең мененки, анан түшкү силосту салып бүткөнчө эле бешим болот. Өмүр арабага үймө салынган силосту бош акырларга салып бүткөн кезде күндүн көзү бет маңдайдагы Ак-Жарга жашынып калган. Бошогон арабаны ал сарайдын артындагы өз ордуна айдап барып чече баштады. Нары жактан акырларды көздөй жамыраган койлордун артынан келаткан атасы алыстан эле үн салды:
– Өмүр, арабаны чечпей коё тур. – Өмүр токтоп калды. Атасынын келишин күттү. – Эмне болду ата, бир жакка барасызбы? – деп сурады ал белдикти жогору тартып бекемдеп атып.
– Жакага барып, абаңды алып кел. Бүгүн тиги байлап аткан ирикти соёлу. Үйдө эташ түгөнүптүр. Ысык шорпо ичип, эки-үч күн жүрүп кетсин, – деди.
Тоо койнунда кандай касиет бар экенин Акун ачык биле албайт. Бирок, бу жерге келгенде өзүн башкача бир дүйнөгө келип калгандай сезет. Тазалыктын, бийиктиктин кирдүү таман басууга болбой турган дүйнөсүндөй туюлат. Неге дегенде бул жерден адамдын көөнү тазарат. Тиричиликтин катмарланган көйгөйлөрү ушу тазалыктан жалтанып, даай албай тээ төмөндө чүнчүп калып жаткансыйт. Ушунусу менен адам жүрөгүн өзүнө тартып, өзүндөй таза, өзүндөй бийик болууга чакырып турат. Акунга дал ушундай сезилет.
Мына, азыр да ошол сезимдин кучагында өзүнчө өрөпкүп, тору атты жай бастырып келатты. Айлананын баардыгы акка тунуп, көздү карыктырат. Бири-бирине учкашкан адыр-лар, андан ары асман тиреген тоолор сөөлөт күтөт. Колду созсо жетчүдөй. Оо, бул тоолор Акундун эзелки таанышы, жан сырдашы. Баягы эски тамдын төөнүн көзүндөй кичинекей, чаң баскан терезесинен карап олтуруп канча жыл сырдашпады. Канча жыл көкүрөгүндөгү жанар тоодой букту ага төкпөдү. Анда бу «досуна» кыялы менен гана келип, кыялы менен гана сырдашчу. Өзү эзели жете албоочудай туюлчу. Бирок, өлбөгөн жан алтын аяктан суу ичет деп төгүн жеринен айтышпайт турбайбы. Болбосо Акун минтип буту-колунун селейип муздап калганына кайыл болуп, жашоо ырахатынын бир үзүмү уялаган бешенесин ызгаардуу желаргыга аймалатып, нечен кылымдардын кыйырын, нечен тагдырлардын миң кырдуу түйүндөрүн өзүнө сиңирип тунжураган тоолорду аралап жүрөт беле.

Ак кардан чепкен кийинишкен бараандуу карагайларды карап келатып бырс күлдү. Ортодогу көрүнбөгөн тоскоолдукту талкалап, алыстан тоо болуп көрүнүп, эс тарткандан бери өзүнө чакырып келе жаткан ушу сырдуу да, кызыктуу да дүйнөгө алгач келгендеги окуя эсине кылт этти. Ал мындан үч жыл мурда болгон. Анда ак жайдын бышып, толукшуп турган маалы. Бир күнү эртең менен Асанкан аттуу карыя келип калды. Мурда а кишини сыртынан эле тааный турган. Ал: «Мен бүгүн Кашка-Сууга кетем. Үч күн мурда келгемин. Атаң сени ала келгин деп калды эле, уулум. Тору атты азыр Барпы алып келет. Даярданып тур, бир аздан соң чыгып кетебиз», деп коюп бастырып кетти. Акундун маанайындагы удургуган булуттар заматта тарады. Көөдөнүнө кубанычтын мөлтүр булагы шылдырап агылып кирди.
Мындайда мүнөттүн өтмөгү азап эмеспи. Саат токтоп калгандай. Улам көчөгө чыгып, Барпынын келээр жагын карайт. Ал кечигип калса Асанкан абышка күтпөй кетип калчудай жүрөгү опкоолжуйт. Үйдө инилери да жок болучу. Болбогондо эчак чуркатмак. Же коляскасы менен өзү жөнөсөбү? Дагы бир карап, көрүнбөсө жөнөмөк болдү. Көчөгө чыкты. Келатыптыр. Көрпөчөнү калыңдап, басмайылды бекемдеп тартып, ооздукту салып Акунду Барпы аткарып койду. Ал өз алдынча атка мине албайт эле. Бирөө бутунан көтөрүп мингизип койсо жүрө берүүчү. Адеп ат минген кезинде канча жыгылып, канча эти оорубады. Буту-колу көгөрүп чыкканы канча. Бир сапар бели менен жерге тийип, кыйлага ычкынып дем ала албай жаткан. Бирок, ага карабай, өжөрлүк менен ат минип жүрүүгө да көнгөн. Бу да өзүнчө бир кичинекей жеңиши эле. Эми жыгылбайт.
Ошентип, күн көтөрүлө баштаган маалда алыскы сапарга чыгышты. Жакадан Кашка-Суу жайлоосуна чейин отуз чакырымга чукул деп уккан. Тың жүргөн ат менен төрт-беш саатта кирип барууга болот. Өткөндө иниси Сакы тору ат менен төрт саатта келдим деген. Эми колу-буту соо жаш жигиттер үчүн анча жол кеппи. Ойноп басып койбойбу.
Эки жолоочу аттарды демиктирбей өз эркине коюп жай-ма-жай кетип баратышты. Ар нерседен кеп салган болушат. Бу кезде Акунга кеп эмес, айлана-чөйрөгө көз чаптыруу кызык. Ар бир булуң-буйтканы, жар бооруна таш кучактай өскөн карагайларды көз жаздымдан кетирип жибербөөгө тырышат. Карасаң башыңдан калпагың учуп түшчүдөй көз мелжиген тоолор башына булут түнөтүп, салабаттуу карыя кебетеленет. Жылан сымал ийрелеңдеген жолду жакалай жүрүп олтурган Жууку суусу ала салып агып, күркүрөгөн добушу тоо койнунда жаңырат. Бой тирешкен карагайлардын арасында түркүм канаттуулардын сайраган үндөрү ага кошулуп, өзүнчө бир бүтпөгөн, түбөлүктүү симфония, туруктуулуктун, шаңдуулуктун узак баяны сыяктанат. Ошо баянга кулак төшөп бара жаткан Акунду капысынан чыккан Асанкан абышканын үнү алагды кылды: «Уулум, аттан түшүп, заара ушатып албайлыбы?» Акундун түшкүсү келген жок. Анын үстүнө тиги кишиге «өзүм кайра атка мине албайм» деп айтуудан тартынды. Анын да бир буту оорукчан болучу, бир таяк менен баса турган. Согуштан жарадар болуп келгенин билчү. «Анда сен бастыра тур, артыңдан жете барам», деди. Ал суунун жээгине түштү. Акун тигиндейрээк барып ат чылдырып турду. Көп кечикпей абышка жетип келди. Бир имерилиштен кийин тиги дагы артта калды. Барган сайын бу көрүнүш тез-тез кайталана баштады. Бул кишинин табарсыгы ушунча бошпу деген ойго жетеленген Акун жылмайып алды. Байкабаптыр, бир маалда караса абышка бир кыйла кызып калыптыр. Көрсө артта калган сайын жүз граммдан «ушата» бериптир, жарыктык.
Бешимге чукулдап калган кезде Аяккы-Чептин көпүрөсүнөн өтүштү. Эки тоо барган сайын бири бирине жакындашкандай кокту кууш тартты. Жолдун өйүз-бүйүзүндө карагайлар жыш өскөн экен. Коридордун ичинде бараткандай боло түшөсүң. Андан өткөндө нары жагы бир топ жайык, тоонун этектери жайдак экен. Карагайлар бу ченде тээ бийикте өсүптүр. Жакын жерлердин баарында кесилген дүмүрлөр. Ушунча эсеп жеткис карагайлардын кесилип кеткенине ичи ачыша түштү. Дүмүрлөр тоолордун тиш оорусу сыяктанат…
Бет алдыда Кашка-Суу жайлоосу. Андан нары Ит-Тиши тоосунун чокусу асман тирейт. Ал кудум бозүй сымалданып көрүнөт. Башындагы катмарланган мөңгүнүн бетинде кыңайып бараткан күндүн нуру чагылыша көздү уялтат. Канчалык жакындаган сайын ошончолук бийикке көтөрүлүп бараткан сыяктанат. Тору аты экөө жүрүп олтуруп, тээтиги бозүй кебетеленген Ит-Тишинин чокусуна чейин жетсе. Ошо кыялга берилип алган Акун байкоостон кыйла алдыга озо түшүптүр. «Уулу-уум…» деген үзүлө чыккан үндөн улам ат тизгинин шарт тартып, артка кылчайды. Жүрөгүшуу дей түштү. Абышка ээр үстүндө чалкалап, турууга аракет кыла эки колун алдыга созуп жатыптыр. Аты жол мизинде токтоп турат. Акун шаша бастырып жанына жетип барды. Колуна жетип бери тартууну көздөдү. Ушул учурда аты нары басып кетти. Абышка ого бетер чалкалап, башы аттын соорусуна тийип калды. Акун жакын бастырса, тиги ат нары басат. Эмне кылаар айласын билбей туруп калды.
Айланасын карады. Тирүү жан көзгө урунбады. Тээ жогоруда бир бозүй тургансыйт. Бирок, ага чейин бир кыйла алыс болучу. Болбоду. Бир оокумда абышка аттан оой баштады. Анан башы ылдай салаңдап, үзөңгүгө бекем илинген буту ээрдин үстүндө калды. Башы жерге тиер-тийбес болуп, аттын арткы бутуна тушташ келип, термелип турат. Аны көрүп Акундун көздөрү тумандай түштү. Ал азыр эч нерсе кыла албайт эле. Аттын үркүп кетпей, тынч турушун Кудайдан тилеп, ичинен зарлап турду. Эгерде ат бутун бир шилтесе – бүттү. Ал атынын башын жогору бурду да, камчы үстүнө камчы басып, жанагы көрүнгөн бозүй тарапка чапты. Ал мынчалык ат чаптыра алам деп эч ойлогон эмес. Азыр жыгылып, бир жерим сынса эмне болот деп да ойлободу. Көз алдында салаңдап, бутунан асылып калган абышка гана турду. Эптеп тигил үйгө жетип, ким болсо да жардамга чакыруу ниетинде үстөккө-босток камчыланып баратты. Бөктөрүнүп алган балдактары шарактап, салынган куржуну атты эки сооруга ургулайт.
Боз үй жолдон кыйла окчун, тоонун этегиндеги жайыкта тигилиптир. Андан ары карагайлар жыш өсүптүр. Боз үйдүн сыртында, кучак жеткис карагайдын көлөкөсүндө бир киши төшөктө жатыптыр. Акун жакындаганда баш көтөрүп карап калды.
– Ой бала, тынччылыкпы деги, эмне мынча ашыктың? – деди төшөгүнө олтура берип. Акун аны тааныды. Касым деген киши экен. Менчик койлорду бага турган.
– Касым аба, Асанкан абам аттан жыгылып…– Андан ары эмне деп айтаарын билбей, туттугуп барып токтоду. Атты койгулабай эле өзү жөө чуркап келгендей демигет. Көздөрү алайып коркуп алган.
– Эмне дейт, кара баскырдыкы? – Касым үстүндөгү жеңил жуурканды сыйрып ыргытып шарт тура калды. Ал көйнөкчөн, ак дамбалчан жатыптыр. Шаша-буша кийине баштады.
Эмне болуп жыгылып жүрөт, ал кара баскыр? Же эмне, экөөң жарышып келаттыңар беле? – Анын бул суроосуна биресе күлкүсү келип кетти. Экөөнүн жарышып келатканы көз алдына элестеп кетти.
– Жок, ал мас болуп калды. – Акун күнөөлүдөй унчукпай калды.
– Ок кара баскыр. Өз чамасына чарктап ичпейби. Балээ ичкир. Деги, тирүүбү?
– Билбейм, башы аттын бутуна тийип салаңдап калган.
Ат үркүп, башка тепкилеп сүйрөп жүргөндөй элес көз алдына тартылды. Ичиркенип алды. Тиги киши ушунчалык жай, кыбыр кыймылдап жаткансыды. Каны катып, шилекейин кылк жутту.
– Баса, сен Асакемдин уулусуңбу? – деп сурады.
– Ооба.
– Сен ал балээ ичкирге кайдан жүрүп кошулуп калдың эле?
– Атам ала келгин дептир.
– Кудай албагыр. Ишенип тапшырган соң бир күн ичпей койсо өлөт бекен. Жарым жан баланы ээрчитип алып кылганын кара, атаңдын оозун…
Акун унчуккан жок. Не десе да тез кийинип, тиги кишиге тезирээк барса деген ниетте турду. Тигиндейрээкте турган тушалуу атына тердик салып, дүмүргө тартып минди. Жайдак эшекке минген тестиер баласы да кошо жөнөдү.
Жүрөк үшүн алган жанагы элес бучкактап ээрчип, ажырачудай эмес. Жаман айтпай жакшы жок дешет эмеспи. Кокус бир нерсе болуп кетсе эмне болот? Балдары эмне дейт? Сен колдуу болду дешкенге батына албаган күндө да «жолдо ичпей эле кой деп койбосуңбу» деп жемелеп, ур-берге алышсачы? Өзү араң жүргөндө мындай балекетке жолукканын карабайсыңбы. Заматта ушу сыяктуу ойлордун сазына чөгө түштү. Дегинкисинде адамга мындайда жакшылыктуу ой келбейт турбайбы. Жарыша коюп баратышкан үчөө имерилиштен чыга берип туруп калышты. Бир маалда Касым бырс эте күлүп жиберди. Бир жаман нерсени көрөм го деп коркуп, жүрөгү титиреп, тиги тарапты кароого даай албай турган Акун акырын көз чаптырды.
Оо Кудай, тирүү экен! Жолдун чекесинде соксоюп жылаң баш олтурат. Калпагы он чакты кадам нары жакта жатат. Акундун жүрөгү шуу этти. Асанкан абышканын бир буту жок! Көрүп турган көзүнө ишене албай кетти. Көзүн жуумп жиберди. Анан кайра карады. Жок. Бир эле бутун сунуп олтурат. Бир багалеги шалбырап, арка жагында жатат. Өтүгү да жок. Жанындагы Касым, ага кошулуп баласы күлүп жатышты. Алардын эмнеге күлүп жатышканын түшүнө бербей турду. Анан Касым сүйлөөгө шайманы келбей, камчысы менен чоң суу тарапты көргөздү. Акун башын бурду. Абышканын аты суу ичип атыптыр. Ээрдин үстүндө үзөңгүгө илинген бут турат. Ээрге арта салынып калыптыр. Өтүгү да чечилбептир. Тигилердин эмнеге күлүп жатышканын ошондо түшүндү. Өзү да бырс күлүп жиберди. Көрсө тигил кишинин буту протез тура. Муну ал билген эмес. Протездин белине, ийнине арчындай байланган куру үзүлүп кетиптир. Соо буту менен асылбаганы ажеп болуптур. Ойго бата тунжураган керме тоолорду сыдыра карап баратып ошо трагикомедияга окшогон окуяны эстеп күлүп алды. Капталдан тизеден өтө чапкан карды буртулдата кечирип келаткан Асейин алыстан эле үн салды:
– Аа Акун, бу Бел-Өтөк коктусу эмне жаркырай түштү десе сен келаттың беле. Жаркыраган маанайыңа караганда калтар кармап алгансың го.
– Мен кармачу калтар али туула элек, Асейин аба. Жөн гана Асанкан абанын буту эсиме түшө калды, – деди күлүп. Аны Асейин да коштоп борс-борс күлдү.
– Ал окуя унутулбай калды го. Кайдан келатасың? Үшүгөн жоксуңбу?
– Сейилдеп эле бастырдым. Кызыл-Үңкүргө дейре барып кайттым. Баса аба, жакында алган ордениңиз кут болсун. Гезиттен окуп кубанып калдым.
– Ырахмат Акун. Ак эмгектин акыбети кайтып турганы жакшы турбайбы. Атаңдыкына келдиң беле?
– Ооба, эки-үч күн жүрүп кет деп араба жибериптир. Күндө ат минип ары-бери бастырып атам.
– Ошенткениң жакшы. Үйдөн чыкпай жатып жедеп кан сөлүң калбаптыр. Жер көрүп, элге аралашып көңүл ачып кет. Акун, сенден бир нерсе сурайын деп эле кезиге албай койдум. Сени китептерди көп окуйт дешет. Ушу чынбы?
– Чын аба. Үйдө олтурганда бирден бир эрмегим эле ошо болуп калды. Анын үстүнө билим ала албагандан кийин бир нерселерди билип алыш керек экен. Байкап көрсөм жерден чыга калгансып, адамдар менен жөндөп сүйлөшө да албайт экем. – Ал өзүн айыптуу сезген жандай унчукпай калды.
– Жок Акун, аның туура эмес. Башкаларга караганда жакшы сүйлөйсүң. Сөздөрүң кынаган кирпичтей чыгат. Бир нерсе жазсаң болчудай. Же жазып жүрөсүңбү? – Асейин ооздугун кычырата чайнап алдыга озо чыккан атынын тизгинин тартты.
– Жок аба, андай нерсе менин колумдан келбейт го. Шекен аба да кеңешин берип, аракет кыл деп жүрөт.
– Мугалим Шекенби?
– Ооба.
– Ал өзү көп жазып жүрбөйбү. Демек, ал киши билет. Аракеттин – берекети болот дейт, Акун. Ойлонуп көр. Болуптур анда, дагы жолугушаарбыз. – Асейин малды бордоп семиртүүчү комплекст тарапка ат башын буруп жөнөп кетти. Аны узата карап турду. Азыркы сөздөрү ойго салып койду. Шекен аба да бу жөнүндө нечен жолу айтып келет. Ал киши менен беш-алты жылдан бери тааныш. Эки жылга чукул үйүнө келип, орус тилин үйрөнүүгө жардам берген. Ал учурда Акун тууралуу «Ленин жаш» газетасына макала жазып чыгарган. Ошондон баштап жакшы мамиледе. Орто мектептин жанында жашагандыктан ал күндө кирип чыгып турат. Кээде эзелки курбулардай жан дүйнөлөрүн өйүгөн нерселерин бири-биринен жашырбай ортого төгүшөт. Шекен менен Асейиндин ойлору бир жерден чыкканы кызыктуу болду. Бу көкүрөк түпкүрүндөгү томуктай музду эритип жиберген сымал бир жылуу сезимди пайда кылды. Аны аярлай катып, жакадагы үйүнө келди.

…Каптал тараптан бирөө мекирене күлдү. Акун ойдон алагды боло көз чаптырды. Галстук байланган күрсүйгөн жигит жанындагы жигитке бир нерселерди айтып, дүйнө капар күлүп жатыптыр. Аны тааныбайт экен. Негедир бейиттен күлкү чыгаарын түк ойлобоптур Акун. Сыздап турган жүрөгүнө туз таамп кеткендей дирт этти. Топурак кыр тарта үйүлө баштады. Адамдын жаралуусу, жашоосу кандай оор. А жок болуусу кандай оңой. Жаралуу менен жок болуунун ортосу ушунчалык жакын беле? Эмне үчүн? Өмүрдүн, жашоонун бир күндүк кадырын билүү үчүнбү? Ошон үчүн жүрөк сүйгөн асыл жарды, дүйнөдөгүэң жакын, эң кымбат адамыңды жоготуш керекпи? Жан дүйнөңдөгү анын бош калып, томсоргон ордун эч нерсе менен толтура албай сыздап жүрүш үчүнбү? А андай жашоо өз кызыгын жоготуп, тузу кем тамактай болуп калбайбы. Андан башка төтө жол жокпу? Төтө жол… турмуш өзү кыйма-чийме төтө жол. Аны таба билүү гана керек. Бу шыбага пенде баласынын мурду менен дем алып, таноосу менен тынгандарынын бардыгына бирдей берилген эмес. Андыктан ар ким өзүнө жакын, өз акылына төп келген, туура деп эсептеген жолду таап алат. Тилекке каршы, дайыма эле андай боло бербейт. Кээде тасмадай көрүнгөн жол учу туң- гуюкка алып кирип кетиши ыктымал. Болбосо жарга барып такап таштайт. Мындан миңдин бири гана чыгат. Эрки бекем, өжөр пенде гана чыгат. Акун да ошондой аскага кептелген. Караса – алды аска, туш тарабынын баардыгы аска, асмандын бир гана үзүмү мунарыктайт. А арка жакта эми эле басып өткөн ээн талаа, эрме чөл. Демек, кайтууга болбойт. Бир гана алдыга кетүү керек. Ал жакта – аска. Ага чыгуу үчүн төтө жол табуу керек…
Негедир кышында жылдыздар бадырайып даана көрүнөт. Акун аларга терезеден көз салып олтурду. Түн капортосунан ооп калган. Дале жата элек. Жаткан менен эмне. Жаткан киши көшүлүп уктап кетсе жыргал турбайбы. Аз да болсо ичтен кемирген санаадан арылып, нерви эс алып калат го. А кирпиги катып калгансып ирмелбей, чакчыгай болуп таң атыруудан өткөн азап жок болсо керек. Мындай азапка тушукканына бир кыйла болуп калды. Улам бир жамбашына оодарылып, кыштын узун түнүн күзөтөт. Уйку деген нерсе ал үчүн колдон уча качкан таранчыдай. Кээ-кээде гана таңга маал беш-он мүнөт мемиреп көзү илинип кетет. Андайда түнү бою ар кайсы ойдун желесине чаташып, чыңалуудан зыңылдап чыккан башы сеп ала түшөт. Бирок, андай учурлар сейрек. Көбүнчө электр жарыгын өчүрүп коюп, терезеге телмирет. Айылдын тынч алып дымыган көчөсүн карап олтурат. Же китеп окуйт.

Бүгүн да ошо калыбында. Кеч күздөгү сапырылган сарбариктей уюлгуган сары зил санаалар, баш-аягы билинбеген ойлор. Маанайдын асманын кара булуттарга чулгап, жан дүйнөнүн төрүн ээлеп алып, айыкпас жара болуп сыздатып жаткан ошо санаа менен ой. Бу экөөнүкүнө караганда дененин оорусу түккө арзыбаган бир нерсе. Не дегенде дене оорусун аз да болсо басууга болот. А тигил экөөнүкүн кантип басасың? Ага даба боло турган дүйнөдө дары барбы? Кайда-ан. Болгон күндө да ал Акунга шыпаа болуп бере албайт. Ага башка «дары» керек. Кандай? Муну азыр билбейт. Балким, эртең билеттир? Эртең… Деги, анын эртеңи барбы? Болсо кандай? Анысы деле кечээкидей, бүгүнкүдөй кайталана берсечи? Максат-мүдөөсүз, үмүтсүз жайдак келсечи? Бүркүттү асманга канаты алып чыгат. А адамды өмүр жолунда өргө сүрөгөн ошо максат, мүдөө, үмүт деген нерселер эмеспи. Аларсыз кандай болот? Кара курсактын гана кулу. Мындан өткөн пастык, алсыздык барбы? Ошо курсагы да ата-энесисинин мойнунда болуп жатпайбы. А качанкыга чейин?.. Акун ушу учурда негедир жыртылып калган батинкесин эстеди. Буттарын сүйрөп, күч менен баскандыктан бир батинкеси эки айга жетчү эмес. Башы тешилип кала турган. Адатта батинкени атасы алып берүүчү. Кийинки кездерде «алып бериңиз» деп айтууга оозу барбайт. Ал киши же энеси тоодон түшкөн сайын батинкесин көрсөтпөөгө тырышат. Аларга кезикпөөнүн аракетинде болот. Болбосо бутун үстөлдүн астына катып алып олтура берет. Кетишкен соң гана ордунан турат. Бирок, анысы менен басканда тешигинен чыгып калган бармактары жерге сүйрөлүп, жанын көзүнө көргөзөт. Баш бармагы жара болуп кеткен. Калыңдап кийген байпактар деле аралжы болбойт экен. Түнүчүндө калың чүпүрөк менен ороп алат.
Ал туруп барып жарыкты күйгүздү. Табы кайтып бараткан темир мешке эки-үч калак көмүр салды. Чогу өчпөптүр. Көзөп койсо күйө баштады. Үстөлүнө барып олтурду. Жана окуп аткан китебин ачылган барагынан улантып окуп кирди. Бир-эки беттен ары өтө албады. Көңүлү чаппай койду. Үстөлдүн тартмасынан чакмак сызыктуу дептер, калем алып чыкты. Дептердин ортоңку барагын чыгарып алды. Узатасынан коюп, бир саамга мелтиреп олтурду. Жүрөгү негедир өзүнчө опкоолжуп чыкты. Алдынан кезиккен терең арыктан секирип өтүүгө даярданган адамдай, баардык күчүн жыйып туруп чуркап жөнөөчүдөй абалга туш болду. Анан ак барактын орто жерине «Ак эмгектин үзүрү» деген жазуу пайда болду. Тамгалар толкунда калкыган чамындыдай текши түшпөй жатты. Бири өйдө болсо, экинчиси төмөн. Оң колу да дартмандуу болгондуктан сологой эле. Анысы да калемди эптеп эле кыбыратымыш болот. Андыктан кол жазмасы абдан начар болучу. Айрым сөздөрүн өзү ажырата албай калып жатты. Бирок, чекесиндеги чыпылдаган терди улам сүртүп коюп жаза бер-ди. Өйдө-төмөн түшкөн саптар бирин-бири улап, улам арбый берди. Айрым сөздөрдү, же бүтүндөй саптарды сызып салып жатты. Таң аппак атканда чиймеленип батала болгон барак аягына чыкты.

Эртеден бери кар сампарлап жаап жатты. Анын муздак бүртүктөрү Акундун көкүрөгүнө түшүп аткандай ичиркенип олтурду. Мындай күндө почточу Кумаш карыянын келээри күмөн. Баягы күндөн бери тымызын аны күтөт. Себеби ошондо жазган нерсесин кайра таза көчүрүп туруп, райондук гезитке жөнөтүп жиберген. Анын жараар же жарабасы белгисиз. Иши кылып гезиттин колго тийишин чыдамсыздана күтөт. Колуна алып, жүрөгү алып уча бир сыйра ашыга карап чыгат да, анан шаабайы сууп отуруп калат. Эми кийинки күнкүсүн күтмөй. Ойлогондой эле бу күнү Кумаш абышканын карааны көрүнбөдү. Түштөн ооп кеткенде үмүтү үзүлдү. Туруп мешке көмүр салды. Ушул учурда эшик ачылып бирөө кирди. Кылчайса – карындашы Чынар экен. Негедир жүзү жадырап, кубанычтуу. Ал онунчу класста окуучу.
– Аба, сүйүнчү! – деди ал сумкасын кармалап. Акун анын эмне айтмакчы болгонун түшүнө албай карап калды. Чынар:
– Сүйүнчү, сүйүнчү бериңиз аба, – деди кубанычтуу жылмайып.
– Болсун Чынарка, берейин. Айтсаң, жакшы кабар алып келгенсиң го. – Акун өз ордуна барып олтурду. Чынара сумкасынан кичирээк гезит алып чыгып абасына сунду. – Муну карап көрсөңүз. – Акундун жүрөгү булкуп алды. Колдору калтырап кетти. Кымбат нерсени кармагандай аярлап алды. Биринчи, экинчи, үчүнчү, анан төртүнчүбетин карады. Мына, көздөрү тумандай түшкөнсүдү. Кайра карады. Гезиттин аягыраак жагындагы «Ак эмгектин үзүрү» деген кара жазууну даана көрдү. Эки катарга басылган чакан кабар экен. Аягында өзүнүн атынын баш тамгасы, фамилиясы жүрөт. Аны көргөндө колуна күндүн өзүн кармап тургансып денеси ысып, чекеси нымшып кетти. Маңдайында турган Чынарга жадырай карады:
– Ырахмат, кагылайын Чынарка. Эң жакшы сүйүнчүң бар экен. Сүйүнчүңдү сөзсүз берем. Муну кайдан алдың?
– Шекен агай берип жиберди. Өзү бир аздан кийин келем деди. – Чынар абасынын мынчалык маңдайы жарыла кубанганын көптөн бери көрө элек болучу. Эми ушу кубанычты өзү алып келгенине жетине албай калды. Кыңылдап ырдап, мештеги отту карай баштады.
Акун терезеге басып келди. Кар дале бапылдатып жатат. Көчөдөн бирин-серин кишилер, машиналар өтөт. Негедир көчө кечээкидей, жанагыдай суз эмес. Кандайдыр бир өзгөрүү болуп өткөндөй. Ак карга чулганган баардык тарап белгисиз бир кубанычтын кучагына баткандай. Акунга ушундай сезилди. Ошо сезим аны өрөпкүтүп эшикке алып жөнөдү. Баратып үстөлүнүн үстүндөгү гезитти тартмага салып койду. Короого чыгып, бетин муздак, жумшак карга тосту. Үлбүрөк бүртүктөр бетине тиер замат мөлт эте эрип кетип жатышты. Бети суу болгончо тумандаган асманды карап тура берди.

Күн менен аалам жарык болот. Суу менен жандуунун баардыгы өмүр улайт. Көктөм менен бажырайып кызгалдактар ачылат. А эмгек – адамдын адам экендигин сездирет. Гезиттеги алакандай макала Акундун жемиштүү тырмак алды эмгеги эле. Мейли ал кичинекей, арзыбагандай болсо деле эмгек эле. Болгондо да акыл эмгеги болучу. Колхоздун белгилүү, ордендүү чабаны Асейиндин ишиндеги ийгиликтери жөнүндө жазган. Ырас, анда көп сөздөрү оңдолгон экен. Муну дароо байкаган. Айрым сүйлөмдөрдү келегей түзүп койгон экен. Көрсө мурда гезитти көңүл бурбай эле окуй берчү турбайбы. Эми баамдап жүрөт. Өзүнүн билимсиздиги, кругозорунун чектелүү экендиги туюла түштү. Антсе деле ушу кичинекей кабар анын жан дүйнөсүндөгү караңгылыкта жылт этип күйгөн шам чырактын милдетин аткарып койду. Анын да колунан бир нерсе келээрин, демек, ал али тирүү экендигин шоораттап койду. Бу шоорат баягы барып такалган асканын башына чыга турган төтө жолдун кай тарапта экендигин көрсөткөнсүдү. Ошол багытка жан дилин төшөй умтулду. Самандай сапырылган санаалар эми андан алыстай баштаганын туйду. Калеми колунан түшпөй калды. Жемиши гезит беттеринен көрүнүп турду. Барган сайын көлөмдүүрөөк жаза турган болду. Бара-бара жазгандарын сейрек оңдошо баштаганын сезди. Ансайын ар бир сөздү, сүйлөмдү миң электен өткөрүп туруп жазат. Карындашынын кыргыз тили, адабияты боюнча окуу китептерин нечен сапар «казып» чыкты. Мындай аракетине Шекен абдан кубанып жүрдү. Кеңештерин, колунан келген жардамын берип, журналистика боюнча китептерди таап келип турду. Алардан бир сөз болсо да көңүлүнө уютуп алганга тырышат. Мурда ал үчүн дөңгөлөгү ташка тийип, токтоп калгансыган мезгил эми шуулдап өтүп жаткансыйт. Анткени бир китепти колуна алса, тигиниси калат. Анысын алса мунусу калат. Жазыла элек барактар алдында жалдырап күтүп жатат.
Мына ошентип жүрүп, жаздын жадырап кирип келгенин да байкабай калды. Кар эрип, жер тоборсуганы жакшы болду. Коляскасына олтуруп алып жер кыдырат. Жазыла турган макалаларынын каармандары менен жолугушуп, маек курат. Жакшы жактарына кубанып, жаман жактарына кайгырат. Ал адамдардын жан дүйнөлөрүндө эмнелер бар экендигине кызыгат. Алар толгонгон, алар кыжаалат болгон маселелерди гезит бетинде козгоп, көтөрүп чыккысы келет. Ушуну менен аларга көмөктөшсөм, колдоо көрсөтсөм деген ниети жанын сеп алдырбайт.
Күндө бир маал почта тарапка баруу анын адаты болуп калган. Кумаш абышканы зарыгып күтүп олтурбай гезиттерин почтанын өзүнөн алат. Бүгүн да ал тарапка баратып, жол боюндагы Ата Мекендик согуштан кайтпай калышкан ушул айылдык жоокерлерге тургузулган эстеликтин алдында олтурган бир кемпирди көрдү. Аны күндө көрөт. Өңү тааныш болгону менен аты-жөнүн билбейт. Эмне үчүн күнүгө мында келээри да ага белгисиз. Жупуну кийинген, жүдөө көрүнгөн бу кемпирдин жанынан өтүп баратып кайра тартты:
– Жакшысызбы, эне? – Өз оюна берилип олтурган неме селт дей түштү. Кайдан чыга калган неме дегендей ага карады. Анан ооз учунан:
– Жакшы, айланайын, – деди.
– Эне, сизден бир нерсе сурасам болобу? – Акун акырын унчукту. Кемпир бу арабачан майып жигит эмнени сураганы турат деген кооптуу көзү менен карады. Анан кайдыгер гана:
– Сура айланайын, – деп койду.
– Эне, суроом жөнсүз болуп калса кечирип коюңуз. Сизди күндө ушул жерден көрөм. Мында сиздин уулуңуздун аты-жөнү барбы?
Кемпир ага бүшүркөй карады:
– Сен тиги Асанкулдун уулусуңбу, балам?
– Ооба, эне.
– Аа айланайын, дартмандуу деп уктум эле. Жазуучу да деп жүрүшөт го. Ошо сенсиңби?
– Жазуучу деле эмесмин, эне. Жөн гана кабар жазам.
– Ырыскы деген ошо, уулум. Жараткан пендесин бир жеринен мүчүтүп койсо, дагы бир жеринен ырыскысын берип коёт. Ошент, кагылайын, жаз. А мен бу жерге келбегенде кара жерге барамбы, балам. Мобу таш тактада үч уулумдун, абышкамдын – Чолпондой төрт асылымдын аты-жөндөрү жазылып турат. Бирок, кайсы жеринде экенин деле билбейм. Сабатым жок, балам. Сөөктөрүнүн ааламдын кайсы чуңкурунда калганы да белгисиз. Каралдыларым ай, бир чымчым топурак буйруп, өз колдору менен көөмп коюшса бейиштин төрүнө чыкпайт белем, атаганат. Кусалыгым кырк кабыргамды кайыштырып, аргам алты кеткенде бу жерге байыр алып, муздак ташка көз жашымды төгөм. А чынында төгө турган деле жаш калбады, уулум. Адамдын көз жашы деле көзү бүтөлгөн булак сыңары соолуп калчу нерсе турбайбы.
– Кечириңиз эне, а башка балдарыңыз жокпу? – Акун аярлай сурады.
– Бир кызым бар эле, жараткан эгем аны да мага ыраа көрбөдү. Төрөттөн каза болгонуна беш жылга аяк басты. Куураган күндү башыма жоолуктай салынып, каңкайган үйдө жападан жалгыз калдым. Жалгыздыкты адам пендесине бербесин, балам. – Кемпирдин үнү каргылданып кетти. Көздөрү жашылданганы менен чынында эле жаш чыккан жок. Катмарланган бырыштуу жүзүнө арылбас армандын, жанбаган күйүттүн издери терең чөгүп алганы даана көрүнүп турду.
– Кайрат кылыңыз, эне. Тагдыр деген ушундай таш боор нерсе турбайбы.
Кемпир унчукпай ойго туна кайраты качып, чүңүрөйүп ичине кирип кеткен көздөрү менен балдарынын алда качан эстен чыккан элестерин көрүүгө аракет кылгандай, таш тактаны телмире тиктеди. Аны алагды кылбоого тырыша, коляскасын акырын жылдырып нары жөнөдү. Кайра келатып эстеликтин айланасына көңүл токтотуп карады. Мурда байкабаптыр. Адамдардын ысымдары жазылган тактанын үч-төртөө сынып калыптыр. Такта орнотулган секиченин, арка жагындагы кооздолгон дубалдардын шыбактарынын көп жерлери карарып сыйрылып түшкөн. Газ баллону сактала турган чуңкурча акырчикирге толуп турат. Тогузунчу май майрамы сайын ортодогу чоң жылдызчанын ортосунан эли-жери үчүн жанын кыйган жоокерлер көгүлтүр от болуп күйүп, жашоонун оттой ыйыктыгын баян кылыша турган. Эми минтип газ баллону тонолуп, кейпи кетип турат.

Дубалдын бооруна ар кандай сүрөттөр тартылып, уяттуу сөздөр жазылган.Туш-тарабы акыр-чикирлерге толуп чыккан экен. Катарында орто мектеп бар. Андыктан айрым тентектердин жашырынып тамеки чегүүчү жайына айланган. Булардын бардыгын шашпай көрүп чыкты. Айылдагы мындай ыйык жердин кароосуз калганына кабыргасы кайышып кетти. Жанагы кемпирдин кайгылуу жүзү көз алдына кайра тартылды. Маанайы чөгүп үйүнө жөнөдү. Бир нече күндөн кийин областтык газетага «Эстелик алдындагы ой» деген көлөмдүү ой толгоосу басылып чыкты. Анан ал райкомдун бюросунда талкууланып, эстелик тартипке келтирилгендиги, аны кароосуз калтырууда тиешеси бар адамдарга жаза берилгендиги тууралу Акундун өзүнө билдиришти. Кубанычтуусу – Жеңиш күнүндө кадимкидей тартипке салынып, бүлүнгөн жерлери оңдолуп, жылдызчанын ортосунан от балбылдап күйүп турду…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Бүттү. Чаң ызгыган топуракты үйүп бүтүшкөн жигиттер кетмен-күрөктөрүн жыйнай четке чыга беришти. Элдин баары ошол жакты карап олтурушту. Молдо куран окуй баштады. Баары бүттү, деди ниетинде Акун. Ушунчалык кыйынчылык менен куруп алган керемет мунарасы талкаланып, бир үймөк молого айланып, көз алдында жатты. Ошо мунара менен дүйнөнүн, өмүрдүн кунары, татымы жок болгонсуду. Кунарсыз дүйнөдө өзү жалгыз калды. Кайрадан баягы аскага кептелди. Бу андан алда канча бийик, алда канча катаал болучу. Эми мындан чыгып кете ала турган төтө жол табылаар бекен? Жок. Анткени Анарадай асыл жары бейиттен чыгып кайра келмек беле. Кулап, таш-талканы чыгып жаткан мунарасы кайра баштапкы калыбына келчү беле. Булак соолуп калат. Анын көзүн ачып коюуга болот. Карт дарак куурап калат. Анын ордуна жаш чырпык сайып өстүрүүгө болот. Ал эми кулаган мунарачы? Аны кайрадан тургузууга болобу? Жок. Эч качан. Анткени анын ээси жок. Жүрөктүн тең жарымын алып кеткен айжаркын адам жок. Эми анын орду бош. Түбөлүккө. Түбөлүк. Түбөлүктүүлүк. Деги, бул өзү эмне? Чындыгында эле бу дүйнөдө түбөлүктүү нерсе болобу? Болсо ал эмне? Ааламбы? Күнбү, же айбы? Же асман бетин бербей бажырайган жылдыздарбы? Бирок, алардын арасында эчак өчүп калгандары канча. Башталган нерсенин бүтүшү да болот го. Өз кезеги келгенде күн деле өчүп калаары айгине эмеспи. Демек, түбөлүктүүлүк деген болбогон нерсе экен го. Бу жөн гана адамдардын көңүл жубатуу үчүн ойлоп чыгарган табылгасыдыр.

Түбөлүктүүлүк – адамдын бешиктен бейитке чейинки басып өткөн жолу. Адам үчүн башка түбөлүктүүлүк жок. Демек, Акун эми түбөлүккө жалгыз. Жүрөктүн соңку кагуусунда тунарык каптаган көз алдына Анаранын элеси, анан бүгүнкү күн, анан али ызгыган чаңы тарай элек үйүлгөн дөбө элестейт чыгаар. Ошо элести өзү менен кошо ала кетээр. Балким, түбөлүктүүлүк дегендин өзү ошол чыгаар? Ким билет. Бирок, андан табаар майнап кайсы? Ошо түбү түшкөн түбөлүктүүлүк дегендин ордунда Анарасы болсо жакшы болбойт беле. Анын жадыраган жамалы ал үчүн күндүзү күн болсо, түндөсү ай эмес беле. Ал экөөнөн ажырап, эми караңгы дүйнөгө кайра барабы? Андан жакында эле чыкпады беле. Ошо чыгуу деген нерсе эле оңой-олтоң бекен? Кайда-аан. Ан үчүн далай мээнеттерди белинен чыгара кечип өтпөдү беле. Анын эсеси ушинтип чыгып, акыбети ушинтип кайтмак беле, карангүн.
Жүрөгү курч бычактын мизине тилингендей ачышып, көзүнөн мөлтүр тамчылар кайрадан мончоктоп кетти. Жаңы пайда болгон молонун жанында бош табыт томсоруп турду. Анын баш-аягына, ортолоруна ийилип киргизилген, жабууга ылайыкталган жыгачтар кабыргалары сөгүлгөн китке окшойт. Ал Акундун көзүнө сууга бирде чөгүп, бирде калкып агып, бараткансып, бир кызыктай ийрелеңдеп көрүнүп жатты. Ошондон уламбы, башы айланып, чыкыйы лукулдап ооруп кирди. Көрүнбөгөн торгойдун безеленгени, куран окуп жаткан молдонун коңур, муңайым үнү акырындык менен алыстап кеткендей кулагына угулбай калды. Ал азыр жалгыз эле. Куюн тийген кумдай сапырылган ойлору аны кайдадыр дегдеңдетип алып жөнөдү…

Жазгы күндүн бир ууртам жылуу мээримин сезиш үчүн үлбүрөгөн назик гүл таш бетин жарып чыгат. А адам андан алсызбы? Жок. Бирок, анын тагдыры гүлгө жарыла турчу таш эмес. Андан алда канча бекем, миң катмарлуу, миң буйткалуу нерсе. Демек, тосмолору ошончо. Айрыкча жарым жан адам үчүн. Муну Акун эс тарткандан бери жакшы билет. Сезимине көөдөй сиңген. Өткөндөгү үч центнер буудай менен омуран калган отуз сом аны ого бетер карартып, коюулантып койду. Басса-турса ошол салмакты сезип, өзүнчө кыйналып жүрдү. Чүнчүп да кетти. Канчадан бери кол тийбеген калемин чаң басып, үстөлүндө жатат. Санаа бир ыңгай болбогон соң көңүлүң деле чаппайт турбайбы. Ал тургай бу жолку жаз майрамы ал үчүн тээ алыстан, төтө жолго салып кыйгап өтүп кеткенсиди. Анын шаңын сезбей да калды. Үйдөн чыкпаса, жоро-жолдошторуна кошулбаса. Алар менен шатыра-шатман түшө албаса кайдагы майрам.
Короодон ат дүбүртүугулду. Ага удаалаш:
– Үйдө киши барбы? – деген добуш угулду. Үнүнөн дароо тааныды Акун. Бул почточу Кумаш ата болучу. Ордунан шашкалактап туруп атып, үн салды:
– Баратам, азыр Кумаш ата. – Балдактарын такылдатып эшикке чыкты. Карыя колуна тутам гезиттерди, анан бир кат кармап туруптур.
– Салом алеким, ата?
– Алеки салам, уулум. Көрүнбөй кеттиң го. Мени убара кылбай гезиттериңди өзүң барып алып турчу элең. Ооруп калган жоксуңбу, кагылайын?
– Жок ата. Кудайга шүгүр. Оорубай элемин. Үйдө эле жүрүп атам. – Ал айыптуудай башын сала унчукпай калды.
– Жакшы экен, айланайын. Ылайым оору-сыркоодон тышкары бол, уулум. Гезиттерге бирдемкелерди жаза койчу элең. Кийинки күндөрү дайның чыкпай кетти. Гезит алган сайын сенин атыңды издейм. Көрүнбөйт.
– Негедир жазганга колум тийбей жүрөт, ата.
– Сен антпе, жалкоолукка алдырба, уулум. Жазуу деген көрүнгөндүн колунан эле келе берүүчү нерсе эмес. А сенин колуңан келет. Ушу өнөрүңдү таштаба, балам. Балким, бул өнөр сенин шыбагаңа жазылган ырыскыдыр.
– Ырахмат, ата, жакшы сөздөрүңүз үчүн. Жазууга аракет кылам.
Карыя кубана түштү. Бакжайган аппак сакалын сылап өттү.
– Ошент айланайын. Өркөнүң өссүн. Сага кат келиптир, мына. Гезиттен келген окшойт. – Ал гезиттер менен бирге катты сунду. Конверттин сыртындагы редакциянын штампы дароо көзүнө урунду. Денесине белгисиз бир жылуулук агып киргенсиди. Колдорун майда калтырак аралап өткөнүн туйду. Дирилдеген үнү менен:
– Ырахмат ата, жакшы барыңыз, – деди. Үстөлүнө олтуруп, конвертти ачты. Алакандай тилке кагазда: «Урматтуу А. Асанкулов, сизди 5-Майда өтүүчү басма сөз Күнүнө карата болуучу салтанатка келишиңизди өтүнөбүз» деп жазылыптыр. Мындай маанидеги катты алып көрбөгөн. Капысынан бир кымбат нерсе таап алгансып, чекеси нымшый түштү. Толкуган ойлордун деңизинде чабак урган Акун, кирпик кага албады. Анан тоо башынан жайыла берген ак шоокумду утурлай жолго чыкты. Автобуска түшкүсү келбеди. Анын үстүнө ага кирип-чыгыш кыйла машакаттуу жумуш. Тепкичи бийик, буту жетпейт. Бирөөлөр көтөрүшү керек. Анан да элге көрүнгүсү келбеди. Кечээ күнкү майлап, дөңгөлөктөрүн чыңай үйлөтүп койгон коляскасы менен жөнөдү. Ал жашаган айылдан райондун борборуна чейинки жол сегиз чакырымга жуук. Асфальтталган чоң жол. Анын жарымына чукулу бараткан жакка эңкейиш болгондуктан коляска жепжеңил кетти. Айылдан заматта чыкты. Күндүн алгачкы нурун, жаңыдан жер жарып чыккан көк чөптүн көңүлдү экиленткен жагымдуу жытын өз боюна сиңирген жылуу желаргы саамайынан эркелете сылап өттү. Жумуртканын ичинде өткөнсүгөн турмуш тоскоолдугун жырып өтүп, чексиз кенендикке бой таштаган адам кейиптенип, жан дүйнөсүнө канат бүткөндөй өзүнчө делөөрүп чыкты. Ошо канат тынымсыз күүлөнүп, алдыга ашыктырып баратты.

Кыш бою ак жамынып ыңкып уйкуда жаткан кең көкүрөк талаа эми ойгонгондой. Бардык тараптан буу көтөрүлөт. Жолдун өйүз-бүйүзүнө жыш тигилген бак-дарактардан түркүн куштар жаңы көз жарган таңды даңазалай жар салып сайрашат. Жашоо ырын безеленткен шаңдуу үн аны Кызыл-Сууга чейин коштоп жүрүп олтурду.
Редакциянын чакан имаратына отузга чукул киши чогулду. Булар ар кыл курактагы, ар кандай кесиптин ээлери эле. Бирок, аларды бириктирип, башын коштуруп турган бир жалпылык бар болучу. Ал – чыгармачылыкка карата болгон ышкы оту эле. Гезитке макаласы чыккан адам – башкалардан өзгөчөлөнгөн, билими, адамдык касиети жогору турган, башына кут даарыган эң бактылуу адам. Андайлар менен учурашып өтүүнүн өзү эле кандай сыймык, кандай урмат. Акунга дал ушундай сезиле турган. Эми ошондой адамдардын катарында олтурду. Ал тургай алдыңкы катарга олтуруп алыптыр. Капысынан мындай бакытка туш келгенине ишенип ишене албай, жан дүйнөсүн өрөпкүткөн толкундун кучагында калкылдайт. Айланасына алдыртадан көз чаптырат. Баары эле аны карап жатышкандай. Бирок, эч кимисин тааныбайт. Антсе деле өзүнө жакын, кымбат сезилет. Ушу адамдардын арасына келип кошулуп калганы үчүн тагдырына ыраазы.
Чогулгандардын алдында анча толмоч эмес, жапалдаш бойлуу, чачын артка сеңселте тараган орто жаштардагы адам токтоо сүйлөп жатты. Бул – райондук гезиттин редактору Жоомарт эле. Ал сөзүндө райондун экономикалык, маданий турмушунда болуп жаткан жаңылыктар, жетишкендиктер, айрым кетирилип жаткан кемчиликтер тууралуу кыскача баян кылып өттү. Анан гезит кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштерине, алдыга коюлган милдеттерге токтолду.
– Кийинки жылдары айылдык жана жумушчу кабарчылар менен иш алып баруу бир кыйла жакшы нукка түшкөндүгүн белгилеп кетким келет. Мурда газетанын штаттан тышкаркы кабарчылары жыйырма-отуздан ашчу эмес. Ушу жылдан тартып газетада каттар жана массалык иштер бөлүмү уюштурулуп, анын иши бир кыйла жөнгө салынды. Айылдык жана жумушчу кабарчылар менен тыгыз байланыш түзүлдү. Аларга редакциянын перспективалык пландары жиберилип турат. Айылдык кабарчылар ошол пландын негизинде иштешет. Мына ушундай иш-чаралардын натыйжасында айылдык кабарчылар менен болгон байланыш чыңдалды. Алардын активдүүлүгү жогорулады. Мисалы, К. Чамаев, Ж. Жунушев, К. Байгазиев, А. Асанкулов, Ш. Абдылдаева жана башкалар жаңылыктарды оперативдүү билдирип турушат. Белгилеп кете турган нерсе – мына ушул аты аталып өткөн жолдоштордун жазган материалдары барган сайын жакшырып, деңгээли жогорулап бараткандыгы бизди кубандырат. Буларга редакциянын атынан ыраазылык билдирип, мындан аркы иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалап коймокчумун.
Жоомарт сөзүнүн аягына чыга электе эле угуп олтургандар дүркүрөтө кол чаап жиберишти. Кудай акы, Акун редактордун өз оозунан башкалардын катарына өзүнүн да фамилиясын угам деп күткөн эмес. Анын үстүнө өзү ыйык санаган гезиттин жетекчисинин жылуу пикир айтып, ыраазылык билдирет деген ой капарына да жакындаган эмес. Бул сөздөр жалгыз гана өзүнө багышталгандай, ансыз деле толкунданып аткан жүрөгү ого бетер алып-учуп кетти. Өз эркине баш бербестен жылуу жаш көзүнө ирмелди. Бирок, бу көөдөндү кемирген өксүктүн, алсыздыктын жашы эмес болучу. Жок. Муну кубанычтын жашы деп айтууга да болбойт эле. Анткени бу жерде эми эле айтылып өткөн кеп ал үчүн маңдай жарган кубанычтан жогору турган окуя болду. Андыктан шатыраган кол чабуулар жалгыз гана өзүнө арналып, жалгыз гана аны мактап жаткандай сезилди. Зал тынчый түшкөндө Жоомарт сөзүн кайрадан улантты. Акун эми анын ар бир сөзүн сезим түпкүрүнө сиңирип калууга тырышып, көзүн албай угуп олтурду.

Айылдык жана жумушчу кабарчылар негизги көңүлдү эмнеге буруулары керек, фактыларды кантип чогултуу керек, аларды макала жазууда кандайча пайдаланууга болот – мына ушу маселелердин айласында кеңири баяндама жасады. Көрсө жөнөкөй сыяктанган кичинекей кабар жазуунун да бир кыйла машакаты, жол-жоболору бар турбайбы. Буга чейин бир нече кабар, макалалары газета бетине басылып, бу багытта кыйла тажрыйбалуу болуп калдым го деген пикирде жүргөн. Андай деле эмес экен. Көп нерсени билбейт экен. Муну редактордун баянынан баамдады.
– Эми сөзүмдүн акырында айтаарым – бүгүнкү басма сөз Күнү менен баардыгыңыздарды чын дилимден куттуктайм. Мындан ары да партиябыздын басма сөз жаатындагы күжүрмөн жоокерлеринин алдыңкы сабында болуп, элибиздин ой-мүдөөлөрүн гезит беттеринде кеңири жана акыйкаттык менен чагылдырып турушуңуздарга терең ишенем. Бардыгыңыздарга чыгармачылык албан ийгилик каалайм. Эми биздин редакциялык жамаат тарабынан кичинекей белектер даярдалды эле. Аларды биздин газета менен тыгыз байланышып, газетабыздын ишине активдүү катышып, жазган макалаларынын актуалдуулугу, жазылыш сапаты менен өзгөчөлөнгөн айрым авторлорубузга тапшырып коёлу. – Ал алдынан бир барак кагаз алып, шашпай окуй баштады. Аттары аталган кишилер биринин артынан бири чыгып, анын колунан грамота, китептер алып жатышты. Ар бири чыккан сайын шатырата кол чабылат. Беш-алты кишиден кийин Жоомарт саамга тыным жасап, олтургандарга көз чаптырды. Анан колундагы баракты столго койду. Ушундан соң коңур үнү менен кайра сүйлөй баштады:
– Бул жерде баса белгилеп кете турган бир жагдай бар, урматтуу калемдештер. Тагдыр деген нерсе кээде адам баласын мүшкүлгө салып, мүңкүрөтүп коёт эмеспи. Бирок, миң түйшөлткөн азабына муңбай, кордугуна мүңкүрөп калбай жашоого кумарданып, алдына максат койгон эрктүү адамдар турмушта сейрек кездешет. Ошондой кайраттуу адамдардын бири бүгүн биздин арабызда олтурат. Ал кичинекейинен тарта оорунун кордугун көрүп, бел майыштырган салмагына башын ийип чүнчүп калбай, жашоого болгон кумар отун өчүрбөй келе жатат. Ал турмуштан өзүнүн туруктуу ордун табат деп ишенем. Себеби муну ал өз жөндөмү менен кыска мезгилдин аралыгында жакшы далилдеп койду. Биз аны калеми төшөлүп бараткан, өз үнү, башкаларга окшой бербеген өз чыйыры бар кабарчы катары билебиз. Мектеп партасына олтуруп, билим ала албаса да көптү билет, ой өрүшү кенен. Келечекте мыкты журналисттердин катарына кошулат деп ойлойбуз. Биз сөз кылып жаткан жигит – Акун Асанкулов – мына биздин арабызда. Бүгүн биринчи сапар биздин редакциябыздын босогосун аттап олтурат.
Жоомарт бери басып келип, Акундун майда калтырак баскан колун кыса кармады:
– Куш келипсиң, Акун. Бүгүнкү майрамың менен чын жүрөктөн куттуктайм. Тагдыр кыйынчылыгын мындан ары да курч калемиң менен жеңе бер, айланайын. – Анын акыркы сөздөрү мээримдүү, толкундана чыкты. Өз ордуна барып олтурду да, алдынан бир баракты алды:
– Эмесе бүгүнкү салтанаттуу майрамга карата алдыңкы кабарчыларыбызга сыйлык тапшырууну андан ары уланталы. Биздин газетанын ишине активдүү катышып, эмгек алдыңкылары, чарбадагы айрым учур талабына шайкеш келбеген көйгөйлүү маселелерди курч мүнөздө жазган макалалары үчүн Акун Асанкулов редакциянын Ардак грамотасы менен сыйланат.
Олтургандар шатырата кол чаап жиберишти. Редактор грамотаны колуна алып басып келди. Акундун колун кайрадан кыса кармап:
– Сыйлыгың кут болсун, Акун. Чыгармачылыгың өркүндөп өсө берсин, – деп колундагы грамотаны берди.
– Ырахмат аба, ырахмат…– Акун толкунданганынан эмне дээрин билбей туруп калды. Үнү да чыкпай калды. Баятадан кирпик учунда илинип турган көз жашы мөлт этти…

Айылдан бир кыйла төмөн жайгашкан колхоздун кырманына карай кеткен чоң жол таштуу болгонуна карабастан түз, анан эңкейиш. Ошондуктан Акундун үч дөңгөлөктүү коляскасы кырманга чейин жеңил жетти. Дөмпөйтө салынган көпүрөдөн өтүп, кырмандын бет маңдай тарабынан үч чакырымча алыстыкта жайгашкан Элчини көздөй бурулду. Ал жерде жайык коктуну жакалай үч кой сарай жайгашкан. Бу жердин эмне үчүн мындай аталып калганын ким билсин. Муну Акун да билбейт эле. Ошо Элчинин жогорку сарайынын үстү жагындагы мелтиреп созулуп жаткан эгин талаасында эрбеңдеп эки караан жүрөт. Акундун үйүнөн атайы көздөп, издеп чыкканы ошолор. Аларды көптөн бери тааныйт. Экөө тең колхоздун кадырман адамдары, көп жылдар боюу сугат сугарышып, эгин өстүрүп келишүүдө. Экөө эгиз козудай дайыма бирге жүрүшөт. Алардын бири – Кайбылда, экинчиси – Мукаш. Бир-эки ай мурда Кайбылда «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. Мына ушу эмгектеш эки курбу жөнүндө жазсам деген ой көптөн бери көкүрөгүндө уялап жүргөн. Кыялын кытыгылаган ошо ойдун жетегинде бүгүн келаткан.
Жол боюнда эски мүрзө бар. Ага азыр сөөк коюлбай калган. Анын алдында чоң арык бар болучу. Майнап суу андан ашып, жолдун бир кыйла бөлүгүн жайпап кетиптир. Ар кай жери көлчүктөнүп турат. Тайыз эле сыяктанат. Биринчисинен оңой эле өтүп кетти. Экинчиси деле кичирээк экен. Шыр өттү. Акунга көлчүктөрдөн кечип жол жүрүү кызыктуу да көрүнүп кетти. Жол таштак болбогону менен түз эле. Арткыларынан тоскоолдуксуз өткөнүнө өзүнчө маашырлана түшкөн. Эми үчүнчү көлчүккө ишенимдүү кирди. Дөңгөлөктөрдү айлантуучу тетиктерди жеңил кыймылдатып, кетип баратты. Дөңгөлөк астындагы суу туш тарапка жарыла берип, акырын шырылдайт. Көлчүк арткыларга караганда кыйла узун экен. Ортолой берген сайын тереңдеп баратты. Колясканын жүрүшү да салмактанып, жайлап калды. Суу бут койгон жыгачты жайпап өттү. Акун бутун көтөрө калгыча ботинкаларына суу толуп кетти. Өмүрү муздак сууга бутун салып көрбөгөн неменин бүткөн бою селт эте чыйрыгып кетти. Бирок, кайра тарткысы келбеди. Жолдун теңинен көбү артта калган. Бир аз жүрсө кургак жерге чыгат.
Буттарын бут койгучтун жогору жагына коюп, акырын жыла берди. Суу тайыздай турган көрүнбөйт. Колясканын жүрүшүда оорлоп барат. Ылайланган суу дөңгөлөктөрдүн жарымына жетейин деп калды. Жолдун сол жак тарабы тайыз окшойт. Ошо тарапка жылды. Андай эмес экен. Сол дөңгөлөк кандайдыр бир эңкейишке кирип кетти. Коляска бир капталына аз жерден оодарылбай калды. Кайра артка тартты. Жок, жылчудай эмес. Дөңгөлөктөр бир орунда тегеренип туруп алды. Алдыга кичине жылса кулагыдай. Акун оң жагына оой олтуруп калды. Чекесиндеги чыпылдаган терди сүрттү. Айланага көз жүгүрттү. Жакын арада бир адамдын карааны көрүнбөйт. А Кайбылда менен Мукаш дале алыс. Акундун көлчүктөн чыга албай калганын деле байкашпагандай. Кетмендерин кере шилтеп, экөө эки жерде бейкапар. Кыйкырган менен үн жетпейт.

Тетиктерди баардык күчү менен артты көздөй тартты. Жок. Бир карыш да жылбады. Дөңгөлөк ордунда айланган сайын суу сиңип калган жол бетине тереңдеп батып, коляска ого бетер оой баштады. Аздан соң жыгыла турган. Эми аргасы түгөндү. Кыйшайып турган коляскадан түшүп да кете албайт. Түшкөндө балтырдан өтө чапкан суудан баса албасы бештен белгилүү. Жыгылып калат. Тигил эки караандын биринин байкап калышын күтүп олтура берүүдөн башка айласы калбады. Эки көзү ошолордон өтүп карап турду. Мындайда убакыт да токтоп калгансыйт тура. Көп өттүбү, аз өттүбү ким билсин, бир оокумда тиги экөөнүн бирөө кетменине таяна белин түзөй туруп калды. Сугарган жеринен ала калган жерлери жок экендигине ишенгиси келгендей айланасына жайбаракат көз чаптырды. Анан Акун тарапты карады. Акун шапкесин ала коюп жанталаша булгап кирди. Эмнеге чакырып жатканына түшүнбөгөндөй саамга карап турду. Акун колун катуу булгалап жиберди. Коляска алга жыла түштү. Жантайып араң турган коляска капталына кулады. Акун майнап сууга бети менен чалп этти. Башы бир чөмүлүп кайра чыкты. Тиги киши иштин жагдайын эми түшүндү окшойт, кетменин тикесинен тургуза коюп чуркап жөнөдү. Кыйла узап калганда беркиниси көрдү. Тиги эмнеге чуркап баратканын билбей туруп калды.
Чуркап келген Кайбылда экен. Ал энтиккенин баса албай, жетээри менен башын көтөрүп баткакта оонап жаткан Акунду колунан тартып тургузду. Белинен кучактай көтөрүп, кургак жерге алып барып олтургузду. Акундун кийиминен ылай суу сарыгып, тыпылдап таамп турду.
– Бу жакка эмнеге келдиң эле, куураган бала? – Кайбылда мунун киймин кантип кургатсам экен деген кейипте ар кай жеринен кармалап жатып сурады.
– Сиздерге келаткам. – Акун ызалангандай, айыптуудай үнүн пас чыгарды. Чындыгында ал азыр өзүн ушунчалык алсыз, мажүрөө бир жан сезип турду. Өпкөсү көөп, буркурап ыйлагысы келип кетти. Анысын билгизбөөгө тырышып, эрдин кесе тиштеди. Баткак болгон костюмун чечүүгө аракеттенди. Кайбылда жардамдашты.
– Э айланайын, мени мынчалык алыстан издеп келгидей эмне зарыл ишиң бар эле? Деги, тынччылыкпы?
– Тынччылык эле, аба, кабатыр болбоңуз. Мукаш аба экөөңүздөр жөнүндө макала жазсамбы деп ойлогом.
– Оо жолуң болгур десе, кечинде үйдөн деле жолукпайт белең, мынчалык азаптанбай. Эч жериң ооруган жокпу?

– Жок, акырын жыгылдым. – Жайкы аптап өз күчүндө болсо деле Акун чыйрыгып, калтырап чыкты. – Иштеп жаткан учуруңуздарды көрөйүн деп келгем. – Тиши-тишине тийбей, сүйлөй албай токтоп калды.
– Биз эмне, элден башкача иштейт дейсиңби, айланайын. Эл катары эле кетмен чабабыз. Кел, андан көрө киймиңди чечип, сыгып берейин. Үшүп кеттиң, суук тийип калбасын. Мына, сугатчылардын ишин эми өз жон териң менен сездиң. Демек, жазганың жакшы чыгат.
– Кайбылда баткакка чыланган кийимдерди чечип жатып, жылмайып койду. Ушунусу менен ал ызаланып турган майып жигиттин көңүлүн көтөргүсү келди. Кайдадыр жакын эле жерден чегирткелердин тынымсыз чырылдаганы угулуп жатты…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Кээде карап турсаң асман менен адамдар окшошуп да кетет. Неге дегенде эртең менен эле шаңкайып турган асман түштөн кийин удургуган булуттарга жашынат. Аздан соң карасаң – жамгыр шатырап аткан болот. Көңүл деле ошондой. Кай жерден чырт дей түшкөнүн адамдын өзү байкабай калат. Жанараак эле маанайы ачык олтурган Акун эми ой салмагына басырылгандай тунжурайт. Көңүлүнүн бир тал гүлүн үзө качкан деле жан болбоду. Ачык турган китепке үңүлгөнү менен оо кыйладан бери барак оодарылбайт. Ойлору уучка толбой, куюн тийген кумдай чачырайт. Үй ичине уюган тынчтыкты чымындын жаны тынбай зыңылдаганы бузат. Неге мынча зыңылдайт? Ал башын көтөрдү. Терезенин бурчундагы желеге бир чымын түшүп калыптыр. Эми көңүлү ошого бурулду. Ордунан туруп жакын барды. Салмагын балдагына сала карап турду. Жабышкак желеге чап жабышкан буттарын тартып чыгара албай тыбырап, али бош канаттарын күүлөп жатты. Бирок, желе үзүлчүдөй эмес. Бир маалда кашектин кычыгынан тарбаңдаган жөргөмүш чыга калды. Ал чын эле чымын түшүп калганына ишенгиси келгендей саамга турду да, анан жакындап келди. Жулкунуп жаткан чымынды бир айланып өттү. Чымын ого бетер ызылдап, чыгып кетүүгө жанталашты. Кайда-ан. Бошонмок турсун кайра бекемирек чырмалды. Канаттары да оролуп калды. Мурдагысынан кичире түшкөндөй бүрүштү. Жөргөмүш эми өзүнүн колунда экендигине көзү жеткендей четтей берди. Анын өлүшүн күтүүдөн башка иши калбады ойшойт. А чымындын жашоодон дале үмүтү үзүлбөй, кыймылдап өлүм чеңгелинен кутулууга далбастайт.
Эх жашоо, неге сен ушунчалык таттуусуң, кымбатсың. Жада калса сени ушу пайдасыз макулук да сүйөт. Сенден ажырагысы келбейт. Сен үчүн акыркы күчү калганча күрөшүп жатат. А балким, бу чымын эмей эле, Акундун өзүдүр? Жөргөмүш болсо анын тагдырыдыр? Алда кайдан кайып келген бу ой көкүрөгүнө тык этти. Денесинен ал-күчү билинбей шыпырылып бараткансыды. Барган сайын тигинин ызылдаганы басайып, шайманы кетип барат. Жакында ал үчүн баардыгы бүтөт. Мүмкүн ошонусу жакшыдыр? Бу суроо жоопсуз калды. Тигине, жөргөмүш жайбаракат жакындай баштады. Ал азыр өз жеңишин тойлогону ишенимдүү келатты. Жок. Дайыма эле жеңе берүүгө болбойт. Бу адилеттик эмес. Жашоо деген, өмүр деген жеңиле берүү үчүн берилген эмес. Акун бир тал ширеңкени алды да, желени быт-чытын чыгара үзүп жиберди. Жөргөмүш тарбалаңдай качып кычыкка кирип кетти. Чымын желеде оролгон боюнча тактайга түштү. Аны талдын учу менен желеден ажыратты. Баары бир учуп кете албады. Желенин уусу денесине сиңе түшсө керек. Жибектин үзүгүндөй үлбүрөгөн канаты дирилдеп жатты. Аны кыйлага тунжурап карап турду. Анан тышка жөнөдү.

Аптаптуу жайдын капортосу. Айылды жашылга бөлөп, көркүн чыгарган бак-дарактар. Учуп конгон канаттуулар көзгө чалдыгат. Бирин-серин гана машиналардын, адамдардын өйдө-төмөн өткөнү болбосо – көчө ээн. Азыр жумуш кычап турган кез. Элдин көбү жумушта. А Акундун – колу жолу бош. Ай, бош болгону да куруп кетсинчи. Ошо боштук деген нерсенин азабы нар көтөргүс жүк экен да. Бак аралай жогору басты. Шылдырап агып жаткан суунун боюнда кошунанын эки баласы ойноп олтурушат. Аларды карап туруп, негедир ичи жылыгандай жылмайып койду. Алды жактан Темир келатыптыр. Ал анын жакшы жолдошторунун бири эле. Негедир азыр ага жолуккусу келбеди. Кучак жеткис терекке далдаланды. Акырын жыла, арка жагынан көз чаптырды. Аялы аны колтуктап, башын ийнине жөлөп алыптыр. Наздана басып, бир нерселерди кобурап бара жатат. Анын үйлөнгөнүн укканы менен аялын көрө элек эле. Бакыт менен сүйүүнү ээрчите кетип бараткан экөөнү бир топко узата карап турду. Жүзүндөгү жылмаюуну алар ала кеткенсиди. Оор улутунуп алды. Кайдадыр алыска, адамдар жок ээн талаа, эрме чөлгө басып кеткиси келди. Бирок, кайда? Тагдыр – калчап ойной турган оюнчук эмес. Ал – зор күч. Кубулуп туруучу нерсе. Бирде мелмилдеп, чаңкаганда кана жута турган мөлтүр кашка булак. Бирде кочкулданган аксым дайра. Ага эч бир жандын кудурети жетпейт. Алдын тосуп токтото албайт. Андайда кылган аракет, жандалбастооң түккө арзыбайт. Жолунда кезиккендин бардыгын агызат. Кайда калчаса ошо жакка калчалып, кайда өкчөсө ошол жакка өкчөлүп кете бермей. Каалаган жагына агызып барат. Анан чамындыдай жээкке ыргытып салат. Тагдыр дегениң мына ушундай. Бирок, адам чамынды эмес да. Ал – Адам. Ошондуктан ал кармашка түшөт. Алдан тайып кыймылдай албай калганча кармашат. Көкүрөгүндө үмүт оту үлбүлдөп турганында жашоо кумары таштабайт. Көздөн учкан гүлзарын издеп, аны көздөй тынымсыз умтулат. Аны табат. Анткени анын жаратылышы ошондой. Анткени ал – Адам.

Күн кыңайып калган. Бирок, илебинен жана элек. Асман шаңкайып чайыттай ачык. Тоо тараптан жылуу аптап уруп турат. Бак-дарактардын арасында канаттуулар чурулдашып, көнүмүш турмуштары менен алек. Алардын түркүм үндөрүнө назар таштабай, кош балдагын аяр шилтеп жогору баратты. Кайда, эмнеге? Ага деле көңүл бурбады. Көчө бойлоп бассам көңүлүм аз да болсо ачылаар. Жан кыйнаган жалгыздыктан аз болсо да алыстай аламбы деген ой коштоп баратты. Жалгыздык…Бул адам пендесинде сезим деген нерселер көп. Жакшы көрүү, жек көрүү, сүйүү, коркуу, кооптонуу, уялуу. А жан дүйнөнүн жалгыздыгы – бөтөнчө оор сезим. Адам жанын жабыркатат, көңүлүн чөгөрөт. Үмүтсүздүккө чырмайт. Жашоо деген асылдыктын кызыкчылыгын кемитет. Ким билет, балким анын эмне экендигин Акунчалык билген, анчалык түшүнгөн жан жоктур…

Клубдун жанына айылдык кеңештин жаңы имараты курулуптур. Ал айылдын борбордук бөлүгүн көркүнө чыгарып турат. Андан жогору жакта универмагдын иштеп жатканын көрдү. Ташкентке кетээринде жаңыдан түптөлө баштаган. Шаар тибинде заңгыратып салынган экен. Кирип ичин көргүсү келди. Жакындап барып, негедир кайра айныды. Нары өтүп, колхоздун эс алуу багына кирди. Күндүн ысык аптабы өтө албаган калың бак. Шыңга боюн асманга керген жоон ак кайыңга такай орнотулган отургучка көчүк басты. Жайкы каникул мезгили болгондуктан демейде шатыра-шатман түшчү балдар жок. Бак мектепке жакын. Бактардын баштары алардын шайыр үндөрүн сагынышкандай жай термелет. Тээ нарыраак жакта эки-үч киши алдыларына бир бөтөлкө аракты коюп алып, маектеше ичип олтурушат.
Киндик кан тамган жер. Кандай кымбат, кандай асыл эле. Жүрөгүнө кандай жакын эле. Муну Акун эми сезди. Алыста жүргөн эки жылдын аралыгында айыл ичинде бир топ өзгөрүүлөр болуптур. Туугандардын айрымдары үйлөнүптүр. Айрымдары жаңы үй салыптыр. Наристелүү болуптур. Кээ бири машина алыптыр. Дагы бири ажырашыптыр. Кайтпас сапарга кеткендер да болуптур. Өмүр дегениң ошол. Мезгил менен жарышып өтө берет. Кийинки муун өткөндөрдүн ордун басат. Бул – жашоонун үзүлбөгөн учугу.
Акун сол бутун көтөрүп, алдына балдагын койду. Жамбашынын операция жасалган жери зыр дей түштү. Али жакшы бүтө элек эле. Олтуруп турганда зыркырай түшөт. Кээде күн бүркөлгөндө деле уюп ооруй берчү болду. Айрым кездерде түнү бою жанын көзүнө көргөзүп зыркырап чыгат. Бул – акыркы операциянын натыйжасы. Деги, үмүт дегениңде ар жок нерсе окшойбойбу. Ошого жетеленген Акун мындай операциялардын канчасына чыдап, канчасына кайыл болбоду. Жыйырма эки жылдык өмүрүндө андайдын жетөөсүн артка таштады. Айрыкча акыркы, жетинчиси оор болгон. Анда ал Фрунзедеги мурдагы жаткан ооруканада эле. Бул жерге эки-үч сапар келип дарыланган. Мурда ал Тоголок Молдо көчөсүндө болучу. Анара экөө ошондо таанышкан. Үч жылдан кийин келсе эле башка жерде болуп калыптыр. Ортопедиялык клиникалык оорукананын жаңы имараты Логвиненко көчөсүнөн орун алыптыр. Ниетинде ал жакшы болуп кете албасмын. Антсе деле Анара жаткан палатаны, ал баскан жерлерди бир көрүп келейин. Көөдөндөгү кусамды, саргайган сагынычымды басаңдатып алайын деген. Ошол ниетке жетеленип, өрөпкүп келген. Бирок, жылуу сезимине шыргалаң суу чачылгандай шаабайы сууду.
Бул ооруканада мурдагы эле докдурлар иштеп жатышыптыр. Профессор Алиев аны көрүп кыйлага үндөбөй олтурду, анан:
– Эсиңдеби уулум, мындан үч жыл мурда сага алты айдан кечикпей кел дегеним. Эми кеч болуп калды. Ошо кезде чыдап, операция жасаттырып кетсең болмок. Балдаксыз басып кетишиң мүмкүн эле. Балалык кылдың, уулум. Антсе деле башка операция жасап көрөбүз, – деди.
Профессор айткандай ал операциядан анча жылыш боло бербеди. Врачтар да мурдагыдай көңүлдөнүп карашпайт. Балким, жөн гана ага ошондой сезилгендир. Эмнеси болсо да мурдагыдай абалда калды. Анда кыйла тыңыраак басчу. Буга үзүлө түшүп кайгырган деле жок. Дале айыгып кетүүдөн үмүтүн үзбөдү. Бала кезиндегидей жөрмөлөп калса эмне болот эле. Анда эмне деген күндү көрөт эле. Ушуга да шүгүр. Пенде дегениң жакшылыкка умтула берет турбайбы. Дагы жакшы болуп кетемби деген үлбүлдөгөн ой учкуну өчпөйт. Врачы Асия Валиевна менен сүйлөшүп, Москвадагы ортопедиялык клиникага жиберүүсүн өтүндү. Ал каршы болгон жок. Керектүү кагаздарын даярдап салып жиберишти. Ой-кыялында «канча кылган менен Москва эмеспи. Ал жактын врачтары да нары билимдүү, нары күчтүү болушу керек. Медикаменттери да мыктыдыр. Анда илимдин кандидаттары, докторлору иштешет эмеспи. Балким, ошолордун бири менин каргыш тийген дартыма даба таап калгысы бардыр. Таскактап чуркап кете албасам да, бир топ жылыш болуп калаар. Атаганат, андай күн болсо…» деп купуя ойлоп, ушуга жетеленет.
Бирок, бир күнү келген ак кагаз жакшынакай үмүт-тилегин таруудай чачып жиберди. Москванын клиникасы кабыл албасын билдириптир. Муну менен эле токтоп калбады. Ташкентке, профессор Шаматовдун клиникасына жазды. Кудай жалгап, бул жак кабыл алды. Чынында бул клиника кыйла жогорку деңгээлде эле. Врачтардын көпчүлүгү илимдин кандидаттары, докторлору болучу. Бирок, Акундун өзү менен кошо төрөлгөн кара баскан дарт оңой менен моюн сунуп, жеңилип бергиси келбеди. Мындагы жети айлык дарылануу, сол жамбашынан жасалган операциядан жакшы жылыш болбоду. Кайра басышы салмактанып, тез алсырап калчу болду. Эшик алдындагы тепкичтерден чыгуу кыйындады. Келбей эле койгондо түзүк болот беле деген күдүк ойдо калды. Клиникадан чыгаардын алдында профессор Шаматов чакырып алып:
– Уулум, ачык айтканым көңүлүңө зак кетирбесин, бирок жашырып коюу пайдасыз. Сенин дартың өтүшүп кеткен. Доктурларга да абдан кеч кайрылгансың. Анын үстүнө он төрт жашыңда бир операция жасалышы керек эле. Ал дагы жасалбай калыптыр. Ошол абдан керек болучу. Балдаксыз басып кетишиң мүмкүн эле. Эми кеч. Медицина бул жерде кудуретсиз, уулум, – деди.

Айыгып кетсем деген бир үмүтүн Ташкенттин клиникасында талкалап алып, кайра Фрунзеге келди. Көнгөн ооруканасында дагы сегиз ай жатты. Ал жерден Фрунзенин чет жакасындагы сөөк оорулары боюнча диспансерге жиберишти. Бир жылга чукул мезгили ал жерде өттү. Профессор туура айтыптыр. Жылыш болбоду. Ушундан соң жан дүйнөсүндөгү жаңыдан бүчүр жара баштаган чырпык чырт эте сынып түштү. Мындан ары аны кош балдак өмүр бою коштоп, ажырашкыс шеригине айланганын билди. Билгенде эмне, маңдайына жазганы ушу болсо эмне кылмак. Тай туйлап такка чыкмак беле деген сөз бар эмеспи. Эми кайгыр, капалан, көңүлүңдү миң чөгөр. Мындан эмне өзгөрөт. Нервди жегенден башка эч нерсе. Демек, мындан майнап жок. Андан көрө ушуга топук кылып, тобо деш керек. Тагдырдын башка салганын көтөрүү керек. Бирок, анын жүгүнө басырылып жыгылып калбоо керек. Ушул ой колхоздун багында баятан бери тунжурап олтурган Акундун көңүлүнө тык этти. Негедир чыйрала түштү.
Бактын баштарында желаргынын этеги сүйрөлүп, акырын термелтет. Шуудураган үнгө канаттуулардын үндөрү кошулат. Көлөкө жамынган салкын жел саамайдан эркелете сылап өтөт. Бак арасынан асмандын шаңкайган көпкөк кесимдери көрүнөт. Маңдайдагы түптүз өскөн шыңга бой, бараандуу ак кайың бийлегиси келгендей жай ыргалат. Жалбырактары кимгедир аялуу сырын айтып жаткандай ичтен тына шуудурашат. Балким, Акунга сырдашып, аны бекем бол, туруктуу бол, эрктүү бол деп жатышкандыр. Ким билет, мүмкүн бул ойду ушу кайың аркылуу Анара айтып жаткандыр. Кайып келген бул ойго ишенгиси келип кетти. «Макул Анара, ырахмат сага. Менин эми кайгырганымды, мүңкүрөгөнүмдү көрбөйсүң. Анткени, мен эми түшүндүм. Ар ким маңдайына жазылган нерсени муңайбай, башын жерге салбай көтөрүш керек. Ушуга шүгүр, ушуга тобо. Кандай жаралсам – ошондой жашашым керек. Жаралбай, жарык дүйнөгө келбей калсам эмне болот эле? Анда сени көрбөй калмакмын. Ушу дүйнөдө бир гана оору, анын запкысы, кордугу, жанга баткан жалгыздык бар эмес экен. Алардан башка да сага окшогон асылзат кыз бар экен. Сүйүү деген ыйык сезим бар экен. Ушул экөөнүн бар экендигин билгендигим, көрүп сезгендигим үчүн эле ыраазымын. Анткени сен мен деле адам экенимди, менде деле жүрөк дүкүлдөп согуп тургандыгын сездирип койдуң. Демек, мен кош балдакка күнү түшкөн майып гана эмес экемин. Мен – Адам экемин. Ооба, Адам. Адамды өлтүрүүгө болот, бирок, жеңүүгө болбойт. Муну бир улуу жазуучу айткан. Туура. Мен жеңилүүгө тийиш эмесмин. Анткени аны каалабайм. Менин эмдиги багытым – жашоо. Туу туткан мүдөөм – турмуштан өзүмдүн ордумду табуу. Татыктуу ордумду табуу. Жашоого мүңкүрөө, басынуу, кор болуу үчүн келбейт. Жашоого – адамча жашоо үчүн келет». Сезиминен сы- зылып чыккан бул ой Акундун көңүл асманындагы удургуган кара булуттарды алыска сүрүп кеткен шекилденди. Көрүнбөгөн бир күч көөдөнүнө агылып киргенин сезди. Шилисинен ныгырган кыжаалат салмакты олтурган ордунда калтыргандай жеңил турду. Канаттуулардын шаңдуу үндөрүнүн коштоосунда үйүн көздөй бет алды…

– Аба, жакшы элесизби? – Дал кулак түбүнөн акырын чыккан үндөн улам селт дей түштү. Башын көтөрдү. Жанында иниси Иса олтуруптур. Ал колундагы жүзаарчысы менен Акундун бет ылдый куланып жаткан жашын сүрттү.
– Эч нерсе эмес, жакшы элемин. – Ал алдыртадан айланага көз жүгүрттү. Куран окулуп бүтүп, бата тиленип жатыптыр. Мостойгон бейит. Алакан жайып, тунжурай калышкан эл. Асман чаңыттап боз түшүп, кызарган күн чаң баскан айнектен көрүнгөнсүйт. Балким, ушул бейиттен, Акундун көөдөнүнөн көтөрүлүп чыккан кайгынын, күйүттүн саргайган даты күндүн көзүн калкалап калгандыр. Ким билет. Неси болсо да дүйнө мелтиреп, мостойгон кооптуу тынчтык шилиден басат. Бир гана көрүнбөгөн торгой үнү безеленип жаны сеп албайт. Бирде бу тараптан, бирде тиги тараптан угулат. Бирде Акундун дал төбөсүндө тургандай. «Баса, бул үндү башкалар да угуп жатышты болду бекен? Же мага эле угулуп жатабы?» Бул ой капысынан көңүлүнө тык этти. Бирок, жооп таба албады. Неге мынча безилдейт? Эмне деген арманы бар мунун? Аны кимге айткысы келет? Аны уга ала турган, түшүнө ала турган пенде барбы бул дүйнөдө? Же Акунга айтып жатабы? Ким билет. Балким, бул келбес сапарга аттанып, нымы кургай элек молонун алдына жашырылган асыл адамынын жаныдыр? Жан өлбөйт дешет го. Эгерде чынында эле ошондой болсо ал боз торгойго айланып, экинчи көрүшпөстүгүн, ошого өкүнүп, арман кылып, өзүн туу туткан Акунун, чиедей балдарын таштап кеткенине өксүп-өксүп жаткандыр?
«Болдучу боз торгоюм. Сай сөөгүмдү сыздатып безилдебечи. Арга канча. Сенден айрылып, кабыргам куржундай сөгүлүп турат. Кечир мени, кечир менин асылым. Менин боз торгоюм. Сени көзүмдүн карегиндей сактап кала албадым. Тагдырдын алдында алсыз экемин. Кудуретсиз экемин. Качандыр бир кезде «Кечир тагдыр, мен өзүңдү жасап алам кол менен», деп ыр жазгам. Ашкере кетиптирмин. Азыр түшүнүп олтурам. Көрсө, андай болбойт экен. Тагдыр кол менен жасалбайт экен. Болбосо минтип өксүбөйт элем да. Сени колумдан жулдуруп жибербейт элем да. Бул жерге сени менен келип, жалгыз кетип баратам. Дүйнөдө жалгыз калгансыйм. Балким, сенсиз дүйнөнүн өзү жалгыз калгандыр? Не кылайын, эми эмне дейин? Азыр мен мунарасы кулап, жарга такалып турган бир пендемин. Сен – колдон учкан боз торгойсуң. Кайыр кош, менин армандуу боз торгоюм. Жаның жаннатта, ыйманың саламат болсун. Топураңың торко болуп, жаткан жериң жайлуу болсун. Эми мен сенин элесиң менен гана жашайм. Бул сенин экинчи өмүрүң болсун. Оомийин». Акун эл менен чогуу бата кылды. Бүттү. Эл дуу көтөрүлдү. Күбүнө сыртка бет алышты. Акун да илкиди.
Мына, баары бүттү. Ушунча жыл ылдыйда өбөгү, өйдөдө жөлөгү болуп келген мунарасы заматта жок болду. Ал кулап калды. Жарыгы боз топуракка сиңип кетти. Аны менен кошо жашоо кумары, эртеңки күнгө багышталган үмүт-тилеги да кулады. Жан дүйнөсүндө быркыраган мунаранын күкүмдөрү, ызгыган чаңы гана калды. Бейиттин кулаган дарбазасынан чыгып баратып, Акун артына кылчайып карады. Жаңы үйүлгөн моло мостоюп, жалгыз калганына сыздап тургандай. Чаңыттаган асман да ошол боз топурактын түсүндөй. Бүтүндөй дүйнө бейитке айлангандай. Бир гана боз торгой безеленет. Ал жашоонун али бүтө электигинен кабар берип, анын бүтпөс дастанын жар салып жаткандай. Жашоо дастаны. Ал Акунду заматта өз кучагына кысып, кайдадыр алып жөнөдү…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Томуктай булут жок шаңкайган асманда бажырайган ак жылдыздар жайнайт. Алар шоктонгондой, улам бири кимгедир көз ымдаша жымыңдашат. Акырындык менен түн этеги түрүлүп, чыгыш тараптагы жылдыздар жамыраган козулардай суюла баштады. Таң шоокуму чукуранып, али уйкуга карамыккан тоонун аркы тарабынан баш көтөрүп келатты. Акун кыйладан бери дарбазанын сыртындагы отургучта олтурду. Көңүлү кушубак эле. Кечээ кечинде баштаган макаласын түнү бою тирмийип олтуруп, бүтөрү менен эшикке чыккан. Буйруса оюндагыдай жазылды. Көлөмдүү да болду. Аны республикалык жазуучулар уюмунун көркөм газетасына жибермек. Жакында эле ошо газетага турмуштук бир маанилүү маселени аркалаган чоң макаласы чыккан. Ага айрым окурмандар үн кошуп, анда айтылган ойлордун жүйөөлүү экендигин белгилеп, колдоого алышаарын жазышкан экен. Бул ал үчүн күтүлбөгөн да, кубанычтуу да нерсе эле. Ушундан кийин калеми төшөлүп калгандай, кадыресе салмактуу макалаларды жазууга кудурети жетип калгандай ишеним пайда болду. Ырас, кийинки бир нече жылдан бери калемин колунан түшүрбөй, көптөгөн газеталар менен тыгыз байланыш түзүп алган. Жазгандары тез-тез жарыяланып турат. Кабарчылар арасында да анын аты-жөнү кыйла белгилүү. Анын тагдыр жолу, шык-жөндөмү жөнүндө да бир топ макалалар жазылып, газет беттерине жарыяланган.
Адатта дарак булактан көгөрүп, мөмө байлайт. Ал эми адамды алга сүрөгөн, декилдетип тынчтык бербеген – үмүт, тилек, максат. Бул үчөө биригип келип эмгек деген зор нерсеге алып баруучу жолду түзөт. Адам жашоосунун негизи, кыймылдаткыч күчү– ошо эмгек. Башкалар кандай ойлошот ким билсин. А Акун ушундай ойлойт. Ушуга ишенет. Анткени өмүрүнүн кыйла бөлүгүн бекерчиликтин, жатып ичерликтин сазына батуу менен өткөрбөдүбү. Мунун эмне экендигин, кандай азап экендигин жакшы билет. Бирөөгө көз каранды жашоо – жашоо эмес. Жүрөгүң дүкүлдөп, денеңде тирүүлүктүн каны дүргүп турган соң – бирөөгө салмагыңды артпа. Ага күнүңдү түшүрүп мүңкүрөбө. Өз жолуңду, турмуштан ээлей турган туруктуу ордуңду тап. Өз наныңды өз маңдай териң менен таап же. Ошондо татканың таттуу болот. Колуңдан келе турган болсо башкаларга каралаш. Мүмкүнчүлүгүңдүн болушунча муктаждыктан чыгышына көмөктөш. Бул дүйнөгө конок болуп келип, конок болуп кетүү болбогон нерсе. Антүү ар бир макулуктун колунан келет. Ушу дүйнөгө келдиңби – анын жүгүн мойнуң менен көтөр. Келүү оңой. Кетүү кыйын. Бул экөөнүн ортосу узак жол. Анда сенин да изиң калышы керек. Бирок, кандай? Кеп мына ушунда. «А сенден кандай из калат болду экен?» Батыш тараптан зуу этип учуп өткөн желаргынын үзүрү Акундун көкүрөгүнө ушул ойду тепчип өткөнсүдү. Бирок, ал көңүлүндөгү закымдаган канаттарды кайрый алган жок. Эми алар тээ мурдагыдай алсыз, мажүрөө эмес болучу. Жетилип калышкан. «Жакшы из калууга тийиш. Анткени, мен өз тагдырымдын «туткунунан» жеңилүү үчүн чыкканым жок», деди ниетинде.

Үргүлөгөн тоо артынан баш көтөргөн жаркын таңдын апакай шоокуму жылдыздарды жамыраган козулардай үркүтүп, шаңкайган асманга жайыла берди. Анын артынан алоолонгон күн көтөрүлдү. Эми эле көлөкөлөнгөн күңүрт айлана жаркып, наздана жылмайган селкиге окшой түштү. Эненин мээриминдей төгүлгөн жылуу нур Акундун саамайынан эркелете сылады. Таңкы көңүл сергиткен таза, салкын абадан көөдөн толтура дем ала, көтөрүлүп бараткан күн тарапты карап турду. Ошо күн ордуна Анара келаткандай…
Эх, Анара… Балким, сен чынында эле Акун үчүн өзүнчө бир күнгө айланып кеткениңди билбейсиң. А мүмкүн сенин турмуш жолуңда ошол баланын кезиккенин да унутуп, эсиң-ден алда качан чыгарып салгандырсың. Андан бери канча ирет жадыраган жаз келип, канча ирет кычыраган кыш кетпеди дейсиң. Ооба, мезгилдин учкулдугун кара. Билинбей отуруп он үч жыл зуу коюптур. А Акун унуткан жок. Өмүрдүн алтыдан бүтүндөй бир бөлүгүн ээлеген ушу мезгилдин аралыгында сени эстебеген, сен жөнүндө ойлоп, түркүн кыялга батпаган, сенин элесиңди көз алдына келтирбеген бир да күн болгону жок. Буга ишене берсең болот. Анткени анын күңүрттөнгөн сезимине жаркын шоола чачтың. Башка дүйнөгө алып чыктың. Сен берген китеп сабатсыздыктын караңгы дүйнөсүнөн жетелеп чыкты. Чыныгы жашоо кумарын сездирди. Сага арнап сандаган каттарды жазган. Бирок, сен алардын бирин да окуган жоксуң. Кыялында ал сени окуп олтурат деп элестетчү. Жаза берүчү. Бирок, бул анын кеч калган балалыгы, же эссиздиги эмес болучу. Көкүрөгүндөгү билинээр-билинбес шык учкунунун адеп тутанышы эле. Мына, эми ошол учкундун жарыгы менен чыгармачылыктын татаал чыйырына кадам таштап барат. Бу чыйыр чоң жолго алып чыкса экен деп Теңирден тилейли. Кош балдагына сүйөнгөн Акун алоолонуп чыгып келе жаткан жаңы күндү карап турат. Балким, ушул күн чын эле сен болуп жүрбө…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Желаргынын этеги элп эте, бак баштарын сыдырып сылай өтөт. Өмүр соңуна жеткен жалбырактар үчүн ушул эле жетиштүү. Араң турган жаны сабагынан үзүлүп түшөт да, калдаңдай келип тамандарда шуудурап жаткан сарбариктерге кошулат. Анын күнү ушинтип бүтөт. Буга дарак гана кейип, күн санап жылаңачтанып бараткан дарак гана томсорот. Ал эми мезгилдин жалбырагы – күндөр. Алар да сабагынан үзүлүп, күбүлө берет. Күбүлө берет. Бирок ал дарак сыяктанып жылаңачтанбайт. Неге дегенде ал – түбөлүктүү. Башталышы менен аягы жок. Анткен менен ар бир күбүлгөн күн – адам өмүрүн кемитип, адам өмүрүн бөксөртөт. Бул эми табигаттын өзгөрүлбөс мыйзамы дечи. Мунун «салмагын» Акун күз мезгилинде даана сезет. Жүрөгү ачышат. Күбүлүп түшкөн күндөрдүн саргайган бариктерин шуудурата тепсеп бараткандай ичиркене калат. Ошо саргайгандары – майнапсыз, жемишсиз өткөн күндөрү сыяктанат. А майнаптуусу, жемиштүүсү кайсылар болду экен? Балким тиги бак башында али үзүлө элек бирин-серин калтыраган жалбырактардыр? Же газеттерге басылган макалаларыбы? Болбосо ошо жазгандарынын аркасында жаңыдан салынган чоң мончобу, оңдолгон суу түтүгүбү? Көл жээгине тигилген жаш көчөттөрбү? Ал жазган көптөгөн адамдардын тагдырлары, алардын ага айткан алкыштарыбы? Мүмкүн, өз маңдай теринен тапкан акчасына сатып алган батинкеси, башка кийимдеридир? Саргайбаган күндөрү ушулардыр? Ушунча сансыз күбүлгөн күндөрүнүн арасында булар өтө эле аз го. Албетте, алты саны аман, телегейи тегиз адамга аз. Ал түгүл абдан аз. А Акун үчүн, анын абалындагы адам үчүн аз эмес. Көп десе да болот. Бир аз гана жылдар мурда бул да жок эмес беле. Демек, ушуга топук кылып, тобо деш керек. Туура. Бирок, пенденин табыяты башкача. Ал дайыма изденгич, дайыма умтулгуч келет. Бир чыккан дөбөсүнө байыр алып, токтоп калуу деген жок. Канагаттанып калуу деген жок. Дагы башкасына, андан бийигирээгине, чоңураагына чыгуу керек. Бийик дөбөдөн – алыс жак көрүнөт. Бул – Акундун ою, анын ишеними. Мына ушу эки нерсе аны жайына койбой тынчын алып, алга түртмөлөйт…

Акун короодо олтурду. Эртеден бери столунда көз талыта тирмийип олтуруп, дагы бир макаласын жазып бүтүрүп, тышка чыккан. Көңүлүнө канат бүтүп, өзүнчө кушубак. Бир аз эс алып, анан аны почтого салып келүү ниетинде турду. Жаңы гезиттерди да алуу керек. Балким, дагы жазгандарынан чыгып калгандыр. Бул ой аны ордунан тез эле турууга мажбурлады. Үйгө кирип, столундагы машинка менен жазылган барактарды иреттеп, ортосунан бүктөп конвертке салды. Бу машинканы алгандан бери иши алда канча жеңилдеп калды. Мурда бир баракты жазыш үчүн бир сааттан ашык олтура турган. Эми он-он беш мүнөт гана убактысы кетет. Чыкылдатып олтуруп беш-он бетти жазып коёт. Анда иштегенди тез эле өздөштүрүп алган. Эки колу кадимкидей шыпылдап, жорголоп кетет.
Ал бөрсөйгөн конвертти этияттык менен ич чөнтөгүнө салды да, коляскасына олтурду. Дарбаза ачык турган. Ал көпчүлүк учурда ачык турат. Акун шыдыр кирип, шыдыр чыгат. Ал дарбазадан чыга бергенде алдынан бир атчан келип токтоду. Сельсоветтин чабарманы Ашым экен.
– Салом алейким, аба? – Акун атка чукул барып колун ага сунду.
– Алеки салам, уулум. Күлүгүңдүтеминип, бир жакка чыгып бараткансың го, – деди Ашым эңкейе колун сунуп.
– Почто тарапка барып, кат салайын деп чыктым, аба. Газеттеримди да ала элекмин.
– Жакшы, уулум. Мен сага келаттым эле. Катыңды мен салып коёюн, азыр ошол тарапка барам.
– Жайынча элеби, аба? – Акун ага карап калды.
– Жайынча эле, Акун. Сени Ишен абаң чакырып жатат. Мүмкүн болсо тезирээк келсин дейт. Фрунзеден кишилер келип күтүп жатышкан окшойт.
– Алар мени эмнеге күтүп жатышты экен?
– Анысын билгеним жок, уулум. Менин ишим – таап кел дегенин таап, чакырып кел дегенин чакырып келүү. Мындан башка жумушум жок. – Ал чөнтөгүнөн бырышкан бир баракты алып чыкты да, ага сунду:
– Бул жерине кол коюп кой.
– Эмнеге? – Акун аны таң кала да, кызыга да карап калды. Чындыгында мунун кандай зарылчылыгы бар экенине түшүнө албады.
– Сага келип, селсеветтин буйругун аткарганым жөнүндө атчот беришим керек да.
– Аа, сизден да отчет алышабы? – Акун өзүнчө жылмайып, кагазына кол коюп берди.
– Анан эмей. Азыр кыбыр эткен нерсенин баардыгы кагаз жүзүндө бүтүп калбадыбы. – Ал өз ишине корстон боло компоюп койду. – Тезирээк бара көр, уулум.
– Макул аба, мына, жөнөдүм.
– Сага жардам керек эмеспи, уулум?
– Жок аба, өзүм эле жетем. Жакын эле эмеспи.
– Мүмкүн, бу арабаңды чылбырым менен байлап, Саралам экөөбүз чу коёрбуз. – Ашым жылмайып койду.
– Жок аба, ырахмат. Керек учурда бу үч дөңгөлөк «күлүгүмө» Саралаңыз караандабай калат. – Акун тигинин тамашасына тамаша менен жооп берди.
– Ошондой эле болсун, уулум. Анда мен келатат деп айтып барайын. Катыңдан камтама болбо, азыр эле салып коём. – Ал атынын башын шарт буруп, камчылана жөнөп кетти. Кыйла жерге барып, чын эле өтө чаап кетпесин дегендей кыязда артына кылчая карап койду.
Сельсоветтин төрагасынын кире бериш бөлмөсүндө үч-төрт киши олтуруптур. Акун кирип барганда секретарь келин ордунан тура калды.
– Келдиңерби, силерди күтүп жатышат. – Ал төркү бөлмөнүн эшигин коомай ачып, ичкеридегилерге бир нерсе деди. Бирок, эмне дегени угулган жок. Кайра бурула берип, эшикти чоң ачты.
– Киргиле.
– Ырахмат. – Акун төраганын кабинетине кирди. Анда беш-алты киши олтуруптур. Сельсоветтин төрагасы, колхоздун башкармасы, мектептин директору, райондук газетте иштеген айылдык жигит, дагы ал тааныбаган эки-үч киши олту-руптур.
– Кел Акун, тигиндей олтур. – Төрага Ишен колун жаңсай отургучту көргөздү. Акун мынча кишинин өзүн күтүп олтурушканына түшүнө албай, отургучка акырын көчүк басты. Кабинетте бир азга жымжырт боло түштү. Олтургандардын бардыгы Акунду алдыртадан карап калышты. Бир маалда Ишен төр тарапта олтурган эткээл, салабаттуу көрүнгөн кишиге карады:
– Сиз чакырткан жигит ушул, Кадыр Касымович. – Анан ал Акунга кылчайды:
– Акун, бу киши – Кадыр Касымович, республикабыздын социалдык камсыздоо министринин биринчи орун басары. Фрунзеден сага жолугуш үчүн атайы келиптир.
– Магабы? – Акундун оозуна мындан башка сөз кирбеди. Ал мурда мынчалык жогорку кызматта иштеген адам менен бетме-бет келип сүйлөшүп көрбөгөн. Ал киши калың, кара папкасынан бир газетти алып чыкты. Акун «Советтик Кыр-гызстан» деген жазууну окуп калууга үлгүрдү. Негедир денеси дүркүрөй түшкөнүн сезди. Жакында эле ага чоң макаласы чыккан. Анда аталган министерствого тиешелүү айрым бир ойлору, сунуштары козголуп кеткен эле.
– Бул газетага сенин макалаң чыккан экен. Жакында биз аны министерствонун коллегиясында карадык. Анын жыйынтыгын авторго билдирип коюңуз деп министр Салиева мага тапшырганынан улам келдим. Адеп бир нече суроого жооп алсам деп турам. – Кандай дейсиң дегендей Акунга карап, бир азга унчукпай калды. Акун бир чети толкундап, бир чети бу киши ошончо жерден эмне айтмакчы болуп келди экен деген купуя суроого басырылып олтурду. Бир маалда бир барак кагаз, калемин алып, алдына койду. Кагаздын жогорку чекесине бир нече сөздү шыпылдата жазды. Кол жазмасынын сулуу экендигин байкады Акун. Бирок, жазылган сөздөрдү эч ажырата албады.
– Сен жогорку билимдүүсүңбү?
– Жок.
– Бул жигит тубаса бут оорулуу болгондуктан мектептен да окуй албай калды. Айылдык мугалимдер үйүнө барып, сабатсыздыгын жойгонго көмөктөшүшкөн, – деди Ишен тиги кишиге карап.
– Кызык экен. А анан кантип мындай чоң макалаларды жазып жүрөсүң? Же бирөө жардам береби?
– Эч ким деле жардам бербейт. Өзүм жазам.
– Көптөн бери жазып жүрөсүңбү?
– Он жылга жакындады.
– Бул жигит билимдүү жигит. Өз макалаларын орус тилинде да жазып жүрөт, – деди мектептин директору.
– Дурус экен. Эми мындай суроого жооп бере аласыңбы, Акун. Бул макаланы жазууга сага ким жардам берди?
– Эч ким жардам берген жок. Өзүм эле жаздым. – Акун негедир айыптуудай унчукту.
– Болуптур анда. Балким, кимдир бирөө кеңеш бергендир?
– Жок, эч ким кеңеш берген жок.
Кадыр Касымович бул жоопторго канагаттанбай, ошого кыжыры келгендей туюлду. Бир нече сөз шыпылдата жазып барып токтоду. Дагы кандай суроо берсем экен дегендей бир саамга ойлуу олтурду. Анан кайра Акунга карады:
– Айтчы Акун, бул макаланы жазуудагы сенин негизги ой-максатың эмне? Жазганыңа караганда сен кыйла билимдүү, кругозоруң кенен жигит экениң көрүнүп турат. Кадимки чоң журналисттердей ой жүгүртүптүрсүң. Койгон аргументте-риң да жүйөөлүү.
Акун жогорку кызматта иштеген адамдан мындай жылуу пикирди угуп, көңүлү көтөрүлө түштү. Эми эле тартынып, кысынып олтурган абалы жеңилдей калды. Оюн жыйнактап, токтоо сүйлөөгө аракеттенди.
– Мен бул макаланы кимдир бирөөнү жаман атты кылуу үчүн, же кимдир бирөөнүн беделин түшүрүү үчүн жазганым жок. Буга ишенип коюңуз. Мен бир топ жылдан бери майыптар маселеси менен алектенип, алар жөнүндө жазып келе жатам. Өзүм да майып болгондуктан бул тема мага жакын. Эл оозунда «балыкчы – балыкчыны алыстан көрөт» деген сөз бар эмеспи. Алардын жашоо-турмуштары, көйгөйлөрү мага жакшы тааныш. Жүрөгүмдү өйүгөн нерселерди жазып, аларга жок дегенде сөзүм менен жардам бергим келет. Жок, мен майыптар биздин коомдун көз жаздымынан сырткары калышты деп айткым келбейт. Жөн гана биз да адам экенибизди, өз наныбызды өзүбүз таап жегенге укуктуу, милдеттүү экенибизди айткым келген. Бизге шарт гана түзүп, олтуруп алып иштей турган чакан мастерскойлорду жабдып берсеңиздер жакшы болот эле. Макалада ушул маселе көтөрүлгөн.
– Көтөргөн маселең түшүнүктүү, жүйөөсү бар. Мында эч талаш жок. Бирок, ошол маселенин экономикалык, саясий да жактарын караш керек эмеспи. Сенин оюңдагыдай майыптар иштей турган ишкананы куруш үчүн аз эмес каражат талап кылынат. Аны эми эптеп таптык дейли. Ишкананы ачып, бир нече жүз майып адамдарды иш менен камсыз кылдык дейли. Анан ошол ишкана өзүн актай алабы, андагы адамдар ишти жөндөп кете алышабы? Анын үстүнө биз ден соолугунан мүчүгөн адамдарды иште деп мажбурлай албайбыз да.
– Андай ишканаларга эмгектенүүнү эңсеген адамдарды гана алса болот, – деди Акун.
– А андай адамдарды кантип табабыз? –Тигил адам негедир аны мыскылдагандай сурады.
– Андайлар көп. Мен билем, байланышым бар. – Акун туталанып кетти.
– Балким жанды кыйнап иштегенден көрө пенсиясын алып эле тынч жаткан түзүк болуп жүрбөсүн? – Бул суроо ага камчы менен бир чапкандай туюлду. Эмне айтаарын билбей буулугуп турду.
– А сиз майыптарды он алты сом менен жыргап жашап кетишет деп ойлойсузбу? – Акундан мындай суроону күтпөгөн министрдин орун басары аны жалт карап алды. Кабинет ичинде тынчтык өкүм сүрдү. Олтургандардын көпчүлүгү баштарын салып, Кадыр Касымовичке кароодон айбыгышкандай тунжурашат. Ал киши алдындагы кагазга дагы бир нече сөздү жазды. Анан калемди анын үстүнө таштады.
– Ошондой де, жигит. Биз маселенин түпкүрүнө кирбей эле коёлу. Баары бир биз бири-бирибизди түшүнүшө албайт көрүнөбүз. Министерствонун коллегиясы мындай жыйынтыкка келди. Сенин республикалык газетага көтөрүп чыккан маселең негизинен туура, жөндүү. Бирок, аны жүзөгө ашыруу азырынча мүмкүн эмес. Бул үчүн көп каражат, узак мезгилди камтыган даярдык керек. Олтуруп алып жаза берүү оңой. Ал эми жүзөгө ашыруу – кагаз бетин саймалай койгондой жумуш эмес. – Ал акыркы сөзүн кандайдыр бир басым менен күчөнө айткансыды. Акун аны жакшы түшүндү. Бирок, унчуккан жок. Бу киши менен кайым айтышуу пайдасыз экендигин туйду.
– Туура. Олтуруп алып жаза берүү оңой. Мен үчүн борбордон атайын келгениңизге ырахмат. Жакшы калыңыздар, – ал ордунан акырын туруп, эшикти көздөй бет алды. Эшикти ача бергенде Кадыр Касымовичтин үнү угулду:
– Токтой турчу, Акун. Балким сага биз тараптан кандайдыр бир жардам керектир? Ачык эле айта бер. Мүмкүн болгон көмөгүбүздү көрсөтүүгө аракет кылабыз.
– Ырахмат, Кадыр аба. Мага эч кандай жардамдын кеэреги деле жок. Азырынча коляскам жакшы жүрөт. – Ал эшикти акырын жаап чыгып кетти. Аны менен кошо кандайдыр бир коргошундай салмактанган ойдун жүгү мойнуна илине чыкты. Кыйлага дейре андан кутула албай, өзүнчө кыжаалаттана берди. Чынында жазган макаласы республикалык деңгээлде сөз болуп, министерстводо талкууланат деп күтпөгөн. Албетте, бул бир четинен кубанычтуу нерсе эле. Негизинен ошол макаласы боюнча эл арасында көп сөз болуп, жакшы пикирлер айтылган. Айрыкча майыптар анын көтөргөн маселесин колдой тургандыктарын айтып, муну козгогондугу үчүн өз ыраазылыктарын билдиришкен. Алыстан кат жазышкандары канча. Кээ бирлери өз ойлорун, сунуштарын да киргизишти. Бүтүндөй бир программаны жазып, салып жиберген адамдар да болду. Жайкы аптапта куурап бараткан чырпыкка суудан башка эч нерсенин кереги жок эмеспи. Бир жутум суу гана өчүп бараткан өмүрүн кайра жандыра алат. Анын сыңарындай майып адамдар үчүн Акундун макаласы мөлтүр булак катары кызмат өтөгөндөй болду. Анткени анда Акун өз көйгөйүн, жан дүйнөсүндөгү өз «дартын» гана жазган эмес. Жалпы эле тагдырлаш адамдардын көтөрүп жүргөн «жүктөрү» жөнүндө, алардын көздөгөн, эңсеген мүдөөлөрү жөнүндө жазган.

Алты сандын түгөлдүгү– адам үчүн бакыттын башаты. Бирок ден соолуктан мүчүп, тагдырдын катаал мүшкүлү баштарына түшкөн адамдар ошол башаттан куру калышкан. Бул жашыруун эмес. Адатта орус агайындар «шибегени капка ката албайсың» дешет го. Бирок, алар да адам. Болгондо да өзгөчө мүнөздөгү, өзгөчө ой-кыялдагы адам. Өзгөчө сезимдеги адам. Себеби ал кадимки гүлдүн көркүн башкача көрөт, жытын башкача сезет. Күндүн нурун башкача кабылдайт. Ал түгүл шылдырап агып жаткан кадимки кол арыктагы жеңдей суунун да «сырын» тарта алат. Анткен менен андай адамдар көп нерседен оолак болууга мажбур. Башкалардын көмөгүнө, башкалардын кол кабышына муктаж. Көз каранды. Баарынан оору, баарынан кыйыны – ушу. Андыктан жок дегенде өз нанын өзү таап жегенге зар. Ушуга кор. Мындан эптеп чыгуунун бир ылаажысын, аргасын издейт. Колунан келген бир жумуш болсо деп эңсейт. Бирок, бул ой басымдуу көпчүлүк майыптар үчүн кол жетпес тилек гана. Жашырып эмне, чынында алты сандын биринен кемиген адам – өзү жашаган коомго, чөйрөгө, ал тургай өз жакындарына керексиз. Алардын жонундагы ашыкча жүк, артык баш түйшүк. Бул нерсени жонтериси менен сезип жашоо деген эмне экендигин Акун өз башынан өткөрбөдүбү. Мындай оор сезимден аз да болсо арылуунун жолу бар. Ал – эмгекке тартуу.
Ооба, мындан таң калып, тарс жыгылуунун кереги жок. Майып адамдардын эмгектенишине шарт түзүп берүү. Бул үчүн алар олтуруп алып эмгектене алгыдай ишканаларды түзүп, керектүү шаймандар менен жабдуу. Алар олтуруп алып радионун, телевизордун, машиналардын, же бир башка нерселердин бөлүкчөлөрүн жасап чыгарышмак. Болбосо ийдиш аяктар, сувенирдик буюм-тайымдар, ар кандай оюнчуктарды, кутучаларды жасоо кантип колдорунан келбесин. Бул үчүн аз гана каражат, анан майыптарды үйрөткөнгө иштин көзүн билген адамдар керек. Мындай ишканаларды чоң шаарларда ачууга болот. Алар бир нече жылдын ичинде эле өзүн өзү актамак. Баарыдан мурда иштөөнү, эмгектенип өз жанын өзү багууну эңсеген адамдарга жакшы болмок. Макала мына ушу жөнүндө жазылган. Бирок, анын республикалык жетекчилер тарабынан колдоого алынбай, жакшы сөз айтып коюунун ордуна «олтуруп алып, оюңа эмне келсе ошону жаза бересиң» дегендей мамиле кылганы катуу тийди. Өзү үчүн эле эмес, а жалпы тагдырлаштары үчүн. Министрдин орун басарынын сөзүнөн кийин өздөрүнүн коомдон сырткары калышкан адамдар экендигин дагы бир сапар даана сезгенсиди…

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

Жок. Эч нерсе өзгөргөн жок. Бүгүн демейдегидей эле күн чыгып, жаркын нурун ааламга чача жылмайды. Баягүнкү бозоргон асмандын түрү да бүгүн башкача. Эми эле тунук суу менен жууп койгон айнектей мелтиреп, көк деңиздей көгөрөт. Жай шаанисине ырахаттанган бак-дарактар тоо тараптан желе-жорткон сыдырым желге ыргала, жашыл жалбырактар тынымсыз шуудурашат. Учуп-конгон канаттуулардын чулдураган добуштарына кошулушат. Терезенин түбүндөгү кичинекей кол арыктагы жеңдей суу да кечээкидей, мурдагы күнкүдөй эле күн нурларын өзүңө сиңирип, жылтылдата агып жатат. Болор-болбос шылдыраганы угулат. Көчөдөн өйдө-төмөн эл өтүп, анда-санда машиналар шуу эте шамал ээрчите зуу коюшат. Маңдайдагы тегирмен таң атпай зуулдап, айланасында арабалар, кишилер бейкапар ары-бери басышат. Кээ бирөө арабадан буудай түшүрүп, ичине киргизип жатса, дагы бири тартылган унду жүктөп алып, көңүлү жайлана жөнөп жатат. Тиги тарапта Ит-Тиши тоосу асман тиреп, мөңгүсүндө нур ойноп, мурдагыдай эле көз уялтат. Кошунанын көк мелжиген теректеринде каркылдаган каргалар дале учуп-конуп жандары сеп албайт. Баардыгы мурдагыдай. Жада калса Берик кошуна да жаңылбай мас болуп келатат. Дүйнө өз калыбында. Толбойт да – кемибейт. Бир гана Акун мурдагыдай эмес. Бир гана ал өзгөрүлгөн. Бир гана ал кемиген. Бир гана анын дүйнөсү калыбында эмес. Ошол дүйнөдө кулаган мунаранын ордунда боштуктун шамалы дале чаң ызгытып дуулдап турат. Ага арман, жалгыздык кошулат. Бул экөөнүн соңунан үмүтсүз акмалайт. Улам чукулдап келет. Үчөө кошулуп кетсе эмне болот? Акунга кыйын болуп калбас бекен? Баягы сазына дагы чөгүп кетпес бекен? Эми чөксө – бүттү. Бул сөз оозунан кантип чыгып кеткенин да байкабай калды.
– Эмне дейсиз? – Жанында олтурган иниси Иса ага карап калды.
– Эч нерсе, мен жөн эле ойлонуп кетипмин. – Акун ыңгайсызданып кетти. Көзүнө ирмеле калган жашты акырын жеңинин учу менен сүрттү. Маңдайында олтурган келини Гүлсүн көзүн сүртүп бышактап кирди.
– Кой, кайрат кылыңыз, аба. Минтип олтурсаңыз ментиңизден тайып каласыз. Эми эч нерсе кыла албайбыз. Өзүңүздү, балдарды ойлоңуз. Сен да абама кайрат берүүнүн ордуна бышактай бересиң. – Ал аялына сүйлөнүмүш болду. Бирок, нааразы, же ачууланганы билинген жок. Анткен менен өзү да кардыга түштү. Көз жашын көрсөткүсү келбеди көрүнөт, тышка жөнөдү.
– Иса, токтой турчу, – деди Акун үнүн пас чыгарып. Иниси кайра кайрылып олтурган ордуна көчүк басты.
– Адатта «атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар» дешет эмеспи. Жай турмушта мунун деле чындыгы бар экен. Ар кимибиздин өз тирлигибиз, өз жолубуз бар экен. Бирок, туугандын туугандыгы ушундайда, башка каран түн түшкөн кезде билинет тура. Колдон-буттан алып кеттиңер. Баарыңарга ыраазымын. Эми жеңеңердин жаткан жайы жумшак болуп, жаны жаннатта болсун. Башка айтаар эмнем калды. Үчүлүк-жетилиги өтүп, эл аягы да суюлду. Силердин да тиричилигиңер, кыла турган жумушуңар бар. Эми мен балдарымды алып алып үйгө кайтайын.
– Аныңыз туура, аба. Өлгөн адам ары карап кетти. Тирүүнүн күнү өтө берет тура. Эми шаарда сиздин да кошуна-колоңдоруңуз, жакшы санаалаштарыңыз бар. Сиз барганда алар да киришет. Сизди жалгыз жиберип коймок белек. Бул жактан даярданып алып чогуу баралык. Жазуучулар да куран окутуп келебиз деп айттырып жибериптир, – деди Өмүр.
– Анда келиндер бүгүн аны-мунусун дайындашсын, эртең эртерээк жөнөп кетели. – Сакы кандай дейсиңер дегендей олтургандарга карап калды.
– Мейли, кечке чейин көп бар эмеспи. Керектүүлөрдүн бардыгын даярдап бүтөбүз, – деп Гүлсүн келиндерине карады. Алар макулдуктарын билдире баш ийкешти.
– Анда бүгүн абам биздикинде болсун. Байлап жүргөн бир козум бар эле, кошуналар көз артып бүтүштү. Союп берейин, – деди Сакы.
– Абамды мен узатып барайын анда, – Таалай жылмайып койду.
– Ошент, сенсиз абам адашып кетсе кайдан издейбиз, – деп колуктусу Жибек күлүп калды.
– Ой, анда мен араба кошуп келе калайын. Абамды жөө жибермек белек. – Өмүр азыр эле тура жөнөөчүдөй обдулуп койду.
– Короодо трактор турбайбы. Сен арабаңды кошкончо абамды салып алып жөнөп бербей жан жокпу, – Иса көзүн кыса Гүлсүнгө карады.
– Таалай, анда сен деле тракторуңду айдап ал, кокустан абамдын трактору өчүп калса сүйрөтүп коёсуң, – Жибек шаңкылдай күлдү. Акун да жылмайды. Ал инилеринин, келиндеринин көңүлүн көтөрүүгө аракеттенип жатышкандарына ичинен ыраазы болуп кетти. Көкүрөгүндөгү ысык бук сыртка чыгып кеткендей жеңилдей түштү.
– Тракторуңар бар – тракторуңарды от алдырып, арабаңар барыңар – арабаңарды кошуп убара болбой эле койгула. Шаарды аралай чаап даң салып жүргөн абам бир көчө жогору турган биздин үйгө жете албай калмак беле. Чогуу-чаран жөө эле басып баргыла. – Сакы жалпы олтургандарга карап койду.
– Өх, санаам эми тынбадыбы, абамдар абамды узатып кетишсе, жеңемдер эмне болот, алар кимди узатып барышат деп коркуп олтурдум эле, – деп Сакынын колуктусу Чолпон каткырып калды.
– Айлабыз кетсе Тумарды көтөрүп алып, ыйлап атат деп жөнөмөкпүз, – деди Гүлсүн жанында олтурган Тумарды алдына алып.
– Ыйлабаса делеби, – деп сурады Таалай жеңесине карап жылмая.
– Кап, Тумар жеңеме бир көтөртүп алмак экен, – Өмүр күлүп калды. Баардыгы тышка чыгышты. Күн түшкө чукулдап калган экен. Акун көчөгө чыкты. Терезенин түбүндөгү көп жылдар мурда өзү олтуруп жүргөн жыгач орунтук жок экен. Аны эми байкады. Нары басып штакетникке жөлөндү. Көчөдөн өткөн кишилердин көпчүлүгү ага бейтааныш эле. Антсе деле ары-бери өткөндөр саламдашып, айрымдары бурула тартып, кол берип учурашып, көңүл айтып, кайрат кылышын, жакшылыктан үмүт үзбөөсүнө кеңеш беришет. Бир ооз жылуу сөз – жанга кубат турбайбы. Муну башына мүшкүл түшүп, күнү-түнгө айланып түнөрүп турган адам жакшы сезет экен. Башка учурда анчалык мааниге, анчалык күчкө ээ боло албайт тура. Сезимине ушул ойду сиңирген Акун чоң жол менен төмөн басты. Эки көчө барып жогору, тоо тарапка кеткен таш жолго түштү. Айылдын жогору жагындагы бейит журтта калган жалгыз кемпирдей томсорот. Айланасы бак-даракка оронуп турса деле сүрдүү, сырдуу көрүнөт. Акун жол жээгин-деги арыктан акырын өтүп, ошол тарапка басты. Анча деле алыс эмес болучу. Көпүрөгө жетип калганда аркасынан Жекше абышка жете келди. Ал ушул бейитке көз сала турган. Үйү да дал бет маңдайда.
– Куран окуганы келдиңби, Акун, – деп сурады ал учурашкан соң.
– Ооба, аба.
– Өлгөндөргө эми курандан башка эч нерсенин кереги жок, уулум. Ал эми куран окуп, маркумдарды эскере жүрүү– тирүүлөрдүн парзы. Өлүүсүз – тирүүнүн кадыры билинбейт дешет. Анын сыңарындай адам баласы өлбөс болуп жаралганда сайдын кагыраган кара ташындай болуп кетет беле.
«Бул да бир оригиналдуу ой экен» деп койду ниетинде Акун. Абышка аны жандап ээрчий басты. Бу кишини көрбөгөнүнө көп жыл болгон. Мурда бада кайтара турган. Эми бели бүкчүйүп, алда канча кичирейип кеткендей көрүндү. Негедир аны аяп кетти. Анын оюн билип койгондой Акунга карады:
– Мезгил деген учкул нерсе турбайбы, уулум. Биз минтип карыдык. Бизди мындай кой, кечээки бала сенин саамай чачың агарган тура, айланайын. Он-он беш жылдан бери жүз көрүшкөнүбүз ушу го. Аялыңдын кайтыш болгонун укканымда зээним кейип, абдан кайгырдым. Аны жакындан көрбөсөм да телевизордон эки-үч курдай көргөм. Түсү ийги келин сыяктанды эле, бейиши болгур. Сага арка-жөлөк болуп, ысыгыңа күйүп, суугуңа тоңуп дегендей, майып кишинин түйшүгүн көтөрүп жүрүү– чынында аял киши үчүн оңой эмес, уулум.
– Туура айтасыз, аба. Мунуңуз ак сөз.
– Түшүнгөнүңө ырахмат. Эми сен жазуучу эмессиңби, сөз кадырын билесиң. Сенин китептериңди балдарым окуп беришет. Өзүм сабатсызмын. Кез-кезде телевизордон жүзүңдү көрүп, радиодон үнүңдү угуп калам. Кээде балдар «Акун абамдын жазганы чыгыптыр» дешип гезит көтөрүп калышат. Ага өзүмчө сыймыктанып калам. Артыбыздан балдар өсүп, өз ата-энесинин гана эмес, бүтүндөй дүркүрөгөн айылдын атын чыгарып турган сыймык эмей эмне. Үч дөңгөлөктүү араба менен жүргөнүңдө боорум ооруп кетүүчү. Анда сенин мындай чоң жазуучу болуп чыгат деп ким ойлоптур.
– Анча деле чоң жазуучу эмес, аба, – деди Акун ыңгайсыздана.
– Жок уулум, сен антип өзүңдүн даражаңды кемитпе. Эл деген билип, көрүп турат. Китептериңди айылдыштарың колдон колго талашып окуп жүрүшөт. Бу төгүн жеринен эмес, уулум. Кудай сага ден соолук бербесе да, дес берип койгон экен. Ошого топук кыл. Чынында сага кыйын болду, уулум. Минтип жашың өйдөлөп келген кезде жубайыңдан ажырап калышың – чоң кырсык. Бирок, кайрат кылуу керек. Сен кайраттуу жигитсиң. Ушунуңдан жазба. Өлүүнүн жүзү– нары, тирүүнүн жүзү– бери дейт. Чөкпө уулум. Сенин алдыңда дагы көп жумуш бар. Балдарыңды эрезеге жеткиришиң керек. Дагы жаза турган китептериң бар. Ошону ойлошуң керек.
– Жакшы сөзүңүз үчүн ырахмат, аба. Эми буга да чыдайбыз да.
– Ошент, айланайын. Анда куран окуйлу. – Ал чөк түшө шыбактарды жалпыйта басып, кургап калган молону карай олтурду. Акун жанына чөгөлөдү. Бир аз киркиреген үнү менен кыраатын келтире куран окуй баштады. Акун куранды окуй албаганы менен көпчүлүк сөздөрүн биле турган. Бирок, бул киши такыр башкача сүрөөнү окуп жатты. Бир да сөзү ага тааныш эмес эле. Өткөндө жаш молдо ушундай окуса керек эле. Ушунча жашка келип, куран үрөнүп албаганына өкүнүп, өзүнө өзү кыжырланып кетти. Кайра өзүн алаксытып, абышканын үнүнө кулак төшөдү. Ниетинде бул карыя түшүнүксүз тилде: «Балам, өмүр деген ушу. Эртеби, кечпи – анын байланган жиби тырс үзүлөт. Бул дүйнөгө бир келген конокбуз. Келебиз да, жаманбы же жакшыбы сыйыбызды көрүп, ырыбызды ырдап, ыйыбызды ыйлап кете беребиз. Болгон айрымабыз – бирибиз эрте, бирибиз кеч кетебиз. Бул жактан тирүүлөр узатышса, ал жактан маркумдар тосуп алышат. Бул жактан ыйлап узатышса, ал жактан кубанып тосуп алышат. Кеткенди тирүү жоктойт, анын бош калган ордун толтура турган эч нерсе жок. Тирүүнүн өксүгү, тирүүнүн арманы мына ушу. Бул жигиттин өксүгү менен арманы – өзгөчө. Эми ошол экөө аны төө бастыга албаса болду. Сен аны өксүтүп кеттиң, кемитип кеттиң, балам. Бирок, антпешке чараң да жок эле, бешенеңдеги жазуу ушундай болучу. Аны өзгөртүүгө адамда кудурет жок. Эми жаткан жериң жайлуу болсун. Топурагың торко болсун. Жаның жаннатта болсун, балам» деп жаткансыды. Куран узакка окулду. Бир маалда абышканын жумулган көзү ачылып, алакан жайды.
– Басалыбы, уулум, – деди карыя бата тиленгенден соң. Ал ордунан турбай Акунга кылчая карады.
– Окуган кураныңыз үчүн ырахмат, ата. Мен бул жерде бир аз олтура турайын. Эртең үйгө кетем. Кайра кыркына чейин келе аламбы, жокпу ким билет.
– Аның да туура, уулум. Ушундай абалың менен шаардан келип-кетишиң деле оңой түйшүк эмес. Олтурсаң – олтура тур. Эми куран окуу – пенделик парзым эмеспи. Болуптур уулум, күн ысып кетти. Тиги бактын түбүнө барып олтур. Башыңа күн өтүп кетет. – Ал шыбак жабышкан шымын күбүп, эки колун аркасына ала бүкчүйүп басып кетти.

Акун үйүлгөн молонун бет маңдайындагы калың бактын түбүнө барып, арыктын кырына олтурду. Чекесиндеги терин сүрттү. Бул жер бир топ салкын эле. Мындан ары талаа созулуп жатат. Баш алып калган буудай көл толкунундай жай термелет. Бул жер ачык болгондуктан тоо тараптан жылуу, сыдырым желаргы уруп турат. Бак баштары нары-бери ыргалган сайын жалбырактар шуудурайт. Жакын эле жерден чегиртке чырылдайт. Буга канаттуулардын чурулдаганы кошул-ташыл болот.
Акун үйүлгөн молону карап олтурду. Бир нече күндүн ичинде ал кургап, кичирейе түшкөндөй көрүндү. Анын зор, керемет мунарасы ушу кичинекей гана молого айланып калганына ичи эңшерилип, дүйнөсү тарып олтурду. Жүрөгүнө ийне сайылгандай ачышты. Бир маалда кайдандыр алыс жактан бир үн угулгансыды. Ал башын көтөрө кулак төшөдү. Жок, жөн гана канаттуулардын чурулдаганы, же жалбырактардын шуулдаганы окшойт. Мына, дагы угулду. Эми жанагыдан даанараак, жакындагандай чыкты. Торгой. Тааныды. Бул үн торгой үнү болучу. Ал улам жакындап келаткандай. Бир аздан соң торгойдун сайраганы жакын жерден чыга баштады. Акун айланасына көз чаптырды. Бирок, эч нерсе көрүнбөдү. Бак баштарында таранчылар, көгүчкөндөр учуп-конуп жүрүшөт. Балким, алардын арасында жүргөндүр. Канчалык караганы менен кайсынысы торгой экенин ажырата албады. Баягүнкүдөй безелене сайрап жатты. Аны угуп олтура берди. Сыбызгыган ушул үн жан дүйнөсүн дирилдетип, андагы өксүктү дагы өксүтүп, андагы арманды дагы тереңдетип жаткансыды. Ошо экөөнүн ортосунда кысылып калгандай, ал барган сайын эки тарабынан куушуруп келаткандай өңдөнөт. Бир аздан соң былчыйтып койчудай. Мындан канткенде кутулаарын, кандай айла менен чыгып кетерин билбей, көөлгүп аккан жайык дайрынын айлампасына улам чукулдап бараткандай.

«Жок, сен бошобо, Акун. Минтүүгө тийиш эмессиң. Ар кандай абалдардан жол таап кетчү эмес белең. Эми ушу экөөнүн ортосунан чыгууга арга таппай калдыңбы? Анда сен өзүңө өзүң окшобой каласың. А мунун эмне экендигин жакшы билесиң. Анараң муну каалабайт. Ал тигил дүйнөдө болсо да сени көрүп, билип турат. Сен кыйналсаң – ал да кыйналат. Аны кыйнаба. Тынч жатсын. А сен жол тап. Жол тап. Жашоонун жолу түгөнбөйт. Ал али узак» –деп жаткансыды торгой безелене. Анын үнүндө көөдөндү тызылдаткан муң да, чыйралта турган кандайдыр бир ишенимдүүлүк да бар эле. Кирпигине ирмеле калган жашты жүзаарчысы менен сүрттү. «Жашоо – тирүүлөрдүкү. Анын жолу түгөнбөйт» – деди ниетинде. Негедир көз алдына жол тартыла түштү. Ал бейиттен чыгып, кайдадыр алыска созулуп жатат. Эми ал ушул жол менен декилдеп кетип баратты…

(Уландысы бар)

May 08

Сырдуу келин..

ээ 81
Нурайым ШАРШЕНБАЕВА.


1973-жылы 6-февралда Панфилов районуна караштуу Тельман айылында төрөлгөн.
Ишеналы Арабаев атындагы Университеттин филология (Кыргыз тил6 адабият мугалими жана журналистика) факультетин 2003-жылы бүтүргөн. Төрт баланын сүйүктүү энеси.
“Сүйүнчү” жана  “Алтын капас-махабат” аттуу эки китептин автору.

Учурда КТРК га караштуу РРТБ унун кызматкери.

******************************************************************************************************************
Адатымча кагаз-калемимди колума алып, балдар ойноочу аянтчанын четиндеги скамейкалардын биринде ойлуу отургам. Бирдеме жаза калчудай болуп, калем кармап алмай көптөн берки көнүмүшүмө айланып калган. Нарыраакта бир келин тамеки чегип отурду. Көчөдө бейкапар гана тамеки чегип отурган кыргыз келинин биринчи жолу көрүшүм. Таң кала карап койдум. Ал да менин карап отурганымды байкадыбы, айтор тамекисин өчүрдү да, жаныма басып келип, эски таанышындай:
– Кандайсың?-деп учурашып калды.
– Жакшы-дедим таң калганымды жашыра:-Өзүңүз жакшысызбы?
– Менби?!.. Мен да жакшы… Жакшы болбосо да жакшы деп коюш биздин адат да-деди да жылмайып койду. Ууртунда жылмаюу болгону менен көздөрүнүн тереңинде кандайдыр бир кайгы жашынып тургансыды.
– Отуруңуз.
Жанымды көрсөттүм.
– Рахмат-деп жаныма отурду да: – Тамеки тарткандарды жаман көрөсүңбү?- деп сурап, туурулган колдорун ушалап койду.
– Жок, ар кимдин өзүнүн иши да…-дедим жылмайып:
– Таң калганым, адатта жашынып чегишчү эле, сиз ачык эле го…
– Жашынгандай эч кимим жок. Жашынсам, жашынбасам да бирөөгө эмес өзүмө да…
Эски таанышымдай ал-акыбалымды сурап отурду да, акырында:
– Эмне жазасыңбы?-деди колумдагы калем-кагазды карап.
– Ооба, анча-мынча жаза калмайым бар…
– Жазгандарыңды жарыкка чыгарасыңбы?
– Кээде болот. Кээде кагаз беттеринде кала берет… Айтор ойго келгендерди жаза койгон жазмакерлердин биримин да- дедим күлүп.
Сөз айтпастан көпкө чейин ойлуу отурду да, эсине бир нерсе түшкөндөй мени жалт карап: -Мен сага бир окуямды айтып берейин, жазбайсыңбы?!-деди да, мени сындан өткөрө тиктеди.
Мен берген суроосуна жооп бере албай таңыркай карадым.
– Жазбасаң да мейли… Бирок мен сага айтып бергим келип турат. Угуп койсоң мүмкүн жеңилдеп калаармын…
Мейли дегендей баш ийкедим. Көпкө чейин үн-сөзсүз отуруп калдык. Бир маалда оор үшкүрдү да аңгемесин баштады:
– Кыргызстанга 90-жылдардын башында келгем.
– Кайдан?
Жаңы эле баштаган аңгемесин суроо берип бузганыма капа боло түшкөндөй болду да:
– Таджикистанда туулуп өскөм. Бирок улутум кыргыз эле.. Ал жерде кыргыз улутундагылар көп. Бир айыл бүт эле кыргыз болчубуз. Бирок сөздөрүбүздө кадимкидей эле айырма бар… Мен көп жылдар бою бул жакта жашап калганга так сүйлөп калбадымбы… Кыргызстанга окуйм деп келгем.

Анда эмне жапжаш кезим. Чачым уппузун, өзүм супсулуу.
Жаш кези көз алдына келди бейм, жылмайып койду. Чындап бир кезде сулуу болгонун айгинелеп, көздөрү балбылдап күйүп турду.
– Азыр деле сулуу боюнча экенсиз-дедим көңүлүн көтөрө.
– Антип көңүлүмдү көтөрөм десең өз эркиң го, бирок жаш кездегидей сулуулук жок… Сен мага тоскоол болбой, сөзүмдү бузбай уксаң.
Негедир мага буйрук бере сүйлөдү.
Көңүлү калбасын деп:-Ии-деп койдум.
– Ошоол… Анда Бишкек эмес, Фрунзе эмес беле. Окуйм деп келип иштеп калдым. Жигит сүйдүм. Абдан жароокер, сүйкүмдүу эле… Сүйлөшүп жүрүп, бир жыл дегенде баш кошуп алдык. Ата-энелери мени таптакыр жактырышкан жок. Колдорунда бар, жакшы жашашкан немелер болчу.
– Сиз неге эле “өткөн чак” менен сүйлөп жатасыз?
Мени “тоскоол болбо”-дебедим беле дегендей акшыя карап койду. Бул бейтааныш аялдын менден эмне күтүп, мага неге өмүр таржымалын айтып отурганына бир чети таңыркасам, бир чети жиним келе түштү. Бирок да: “мейличи, айтаарга киши таппай жүргөн неме го”-деп унчукпай отура бердим.
– Кыргызга тиешелүү ырым-жырымдарды жасашкан жок, башыма гана ак жоолук салып койгондору болбосо… Куда болуп ата-энелерибиз бири-бирине катташмак түгүл, таанышышкан да жок. А бизге болсо баары бир болчу. Чындап бири-бирибизди сүйдүк. Кол кармашып, ойноп-күлүп гана жүрө бердик. Жолдошум заводдо, мен фабрикада иштейбиз. Өкмөт берген жатаканын биринде жашайбыз. Ошол кез бир сонун кез экен го… Эч кимден жардам албай, өзүбүзчө кичинекей свадьба да өткөргөнбүз. Ошол кездеги бактым… кубанычым… Эх! Кайра келсечи! Арманым!..
Көздөрү жашылдана түштү. Өткөн өмүрү көз алдына тартылдыбы бейм… Мен унчукпай жер тиктеп отура бердим. Чөнтөгүнөн кайрадан чылымын алып чыкты да, күйгүзүп дембе-дем соруп, “өх!”-деп үшкүрүп алды. Көпкө унчукпай отурду да, ордунан туруп кетүүгө камынды.

– Эже… Кеткени турасызбы? Аңгемеңизди аягына чыгарбайсызбы?-дедим шашып.
Жашылданган, ыза толгон көзүн жашыра:
-Мен кетейин, кечирип кой, сенин да убактыңды алдым окшойт. Сага эмне, ушунун баары кызык болуп турат дейсиңби?! Мени да жаман көрүп турат окшойсуң.
Менин жообумду күтпөй, бутун араң шилтеп, “кош” дебестен кете берди бейтааныш эже. Аркасынан узата карап: “Ичинде муңу, жүрөгүндө арманы толтура жан го”-деп аянычтуу кала бердим.
Ошол окуядан көп күндөр өтсө да, баягы эженин элеси көз алдыман кетпей койду. Көчөгө чыксам эле көрүнө калчудай тегерегимди карай берем.
Бир далай мезгил өтүп, андагы окуя бара-бара унутулуп калган кез. Кеч курун адатымча, баягы скамейкада өзүмчө кыялданып, эс алып отургам. Нарыда бирөөнүн карааны көрүндү. Баягы эже… Негедир сүйүнүп кеттим. Алыстан эле:
– Эже, саламатсызбы?!-дедим кыйкыра.
– Ии, кандайсың?! Ким экен десем, сен белең.
Бүгүн кабагы көтөрүңкү. Жакшынакай боло түшкөндөй… Кийимди да дурустап кийип алыптыр.
– Оо-уу! Эже! Жашарып алгансыз го,-дедим тийише.
– Ооба да…-күлүп койду.
-Келиңиз, отуруңуз,-жанымды көрсөттүм
– Өткөндө окуяңыздын аягына жетпей кетип калдыңыз го.. Ошондон бери көрүнбөй да калдыңыз.
-Эмне, издедиңби?
– Издебесем да… Издедим да..
Экөөбүз тең күлүп жибердик.
– Эмне жөнүндө уккуң келип жатат?
Өткөндө өзү сүйлөшкүсү келип турса, бүгүн менин эмне уккум келип турганын сураганына таң калдым.
– Билбейм,-дедим, ийнимди куушуруп:
– Өткөндө бир нерсе айтып берем деп коюп, аягына чыкпай кетип калдыңыз го… Азыр улантпайсызбы?!

Эженин кабагы кайрадан бүркөлө түштү. “Аттиң! Бекер эле эстеткен окшойм.” Өзүмдү өзүм жемелей, ыңгайсыз боло түштүм. Оюмду байкагандай:
– Сен кабатыр болбо, сенде эмне күнөө…- деди да, ичинен ойлорун топтогондой үнсүз көпкө отурду.
– Ошентип бир жылдан соң уулдуу болдук.
Ошол күнү аңгемесинин кайсы жеринен бүтүргөнү али эсинде экенине таң калдым.
– Көп өтпөй союз ыдырап, көбүбүз жумушсуз калдык. Жолдошум көпчүлүк эркектердей үйдө отуруп албай, шуулдап, кайсы жерде жумуш болсо, ошол жерде жүрөт. Эмгекчил жан эле го байкушум. Эркектен бөтөнчө жаралган, ыймандуу, сылык да, баарынан жылдызы жайнап турчу. Казакстанга каттай баштады… Ал жакта эмне кылчу, кантип акча тапчу, ишим да жок эле. Мага эмне “мейли” деп отура берчүмүн. Акча алып келсе болду. Курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн… Ичпегенди ичип, кийбегенди кийчүмүн… Тегеректегилердин аялдары базарда, эркектери ичип көчөдө, же үйдө… Мага көз арткан аялдар толтура… “Күйөөң кыйын, сени куурчактай кылып койгон,”-дешип ачык эле суктанышыт. Элдин көзү эле тийип кетти көрүнөт. Айтор, билбейм… Бир күнү кайрадан Казакстанга барууга даярданып калды. Ошол күнү экөөбүз болбогон жерден уруша кеттик. Аңкылдап мен сөз бербейм да… Ошондо биринчи жолу мага колу тийди.
– Эмне, сабадыбы?!
– Жок, бир чаап жиберди да… Мага ошол эле жетиштүү болчу. Көк бет элем. Тултуюп, ыйлап, отуруп алдым. Эртең менен кеткен жатып, уулунун бетинен өптү да, мага да тийишип: “Кел эми, жаным, сени да өөп коеюнчу,”-десе, баш чайкап басып кеткем. Ошондогу жоругума ушул күнгө чейин өкүнөм. Ошол күн экөөбүздүн чогуу өткөргөн жыргал жашообуздун акыркы мүнөттөрү экен.

Эже кайрадан көзүнө жаш ала, оор үшкүрүп алды.
– Ошол боюнча Казакстандан кайткан жок. Бир жумадан соң: “Бүгүн, эртең барып калам,”-деп телефон чалган. Андан кийин кабары чыккан жок. Азыркыдай сотка деген болсо не! Күнү күттүм, түнү күттүм… Айлар өттү, жылдар учту… Дайыны билинген жок.
– Анан эмне, издөөгө берген жоксуңарбы?
– Кантип бербей коймок элек! Кыргызстан эле эмес, Казакстан, Россия телеканалдарына чейин издөө бердик. Казакстан, Россия органдарына чейин кайрылдык. Айтор, тагдыр экен, табылбай калды… Изилдөөлөр боюнча, Казакстандын чек арасынан бери өткөн имиш… Өзүбүздөн эле жоголгон болуп чыкты. Жанында сом, тенге, рубль менен көп суммадагы акча бар имиш… Ошол акчанын айынан эле өлтүрүп коюштубу дейм…
– Үйүндөгүлөр эмне дешти?
Ойлуу отуруп калган эжени сөзгө тартыштын амалы кылып, оюма келген биринчи суроомду бери койдум.
– Эмне дешмек эле?! Менден көрүштү… Көрбөгөн азапты көрсөтүштү… каяктагы тентип келген бирөөнү алып, ушуну көрмөк беле деген да сөздөрдү айтышты го… Мени билет деп ойлошту көрүнөт. Суракка да беришти… Айылга балам менен алып кетишти… Нансыз, суусуз, ачка сарайга камак койгон күндөрү да болду… Кайсы бирин айтайын?.. Курсактын ачына деле кайыл болуп калгам… Балам байкушум, энесинен катып нан алып келип берет, суу берет… Көздөрүн жалдыратып… Байкушум… Күчүгүм ай… Азыр эстегенде өзүмө эмес, уулума жаным ачып кетет…
– Сиз ушунун баарына чыдап жүрө бердиңизби? Милицияга арыз жазбайт белеңиз!

Эже менин сөздөрүмө шылдың кыла карап, күлүп койду.
– Кайдагы арыз?! Менин датымды ким укмак эле? Ошол жердин милициясы деле, эли деле бул окуя тууралуу билишчү болуш керек. Билишкен күндө да мен байкушка ким жардам бермек эле? Мен бир жүргөн селсаякмын да!..
– Коюңузчу, каяктагыны айтпай…Туугандарыңыз бардыр… Алар эмне угушкан жок беле?
– Алар күйөөмдүн жоголгонун угушканы менен, менин кыйналганым жөнүндө, дегеле көп нерсе жөнүндө угушкан жок… Айтканда не?! Апам байкуштун эле жүрөгү оорумак…
Эже кайрадан ыйлап жиберди.
– Ыйлабаңызчы, эже! Эми мындан кийинкиңиз жакшы болоор!
Кантип сооротушту, эмне деп айтышты билбей, кайсалай түштүм.
– Ким билет?..
Ойго батып көпкө отурдук… Баягы адатын карматып тамекисин алып чыккан жок. Тек гана жеңинин учу менен көз жашын аарчып коюп отура берди. Бир маалда мурдун шуу тарта:
– Күйөөм түшүмөн кетпей койду,-деди алысты ойлуу тиктеп.
– Кээде, жатсам маңдайымда жылмайып туруп калат. “Кандайсың, жаным? Кыйналдың го. Мени кечирчи?!”-дейт. Кээде кадимкидей сүйлөшөм. Жинди болуп баратамбы деп өзүмдөн өзүм коркуп кетчү болдум. Айлам жок… Көнүп да бүттүм… Көнбөскө айлам да жок! Өлүп өлүгүн көрбөй, тирүү болсо өзүн көрбөй… Сөөгү да көмүлбөй калгандыр… Ит-кушка жем болуп… Иий! Кудайым ай! Каяктагы сөздөрдү айтып, сенин да мазеңди алып бүттүм окшойт… Кечирип кой, суранам!

Эже бетин эки колу менен жаап алып соолуктап ыйлай баштады. Эмне деп, кантип сооротуштун айласын таппай, аны карап отура бердим. Менин да көзүмө жаш тегеренип, “Эх, жашоо!”-деп үшкүрүп койдум. Бир маалда ыйлап отурган эже, көздөрүнүн жашын аарчый, мага тигиле карады да:
– Менин айтайын дегеним таптакыр башка,-деди. Таптакыр эсим эки болуп, эжени үн-сөзсүз жалдырадым. Оюма ар кандай нерселер келе түштү: “Жин оорусу бар неме го…”-деп да ойлоп жибердим.
– Оюңда эмне турат, билип эле турам. Сенин ордуңда мен болсом деле ошентип ойломокмун,”-деди мени сынай карап. “Шумдугуң кур, менин эмне ойлоп турганымды биле койдубу?!” Таң калыштуу карадым.
– Таң калба,- деди эже:
– Менин тегерегимде бир сырдуу нерсе пайда болду. “Айта берейинби?”-дегендей суроолуу карады.
– Айта бериңиз, мынча болду окуяңыздын аягына чейин угайын!
Өзүмдү токтоо кармап, эжени дагы эмнесин айтып жиберет дегендей отурдум.
– Эки айча болуп калды… Жаз жаңы келип, күн жылып калган убак. Азыр жашап турган батирге жаңы эле көчүп келгем. Үйдү актап, тазалап, терезелеримди ачып коюп, ойлонуп туруп калыптырмын. Терезе алма-бакты карап турат… Апаппак болуп гүлдөп, сонун жыт каңылжырды жарат. Бир маалда терезеге жакын бакка бир чымчык келип конду… Мурда мындай чымчык көрбөптүрмүн. Сага жалган мага чын… Укмуштай кооз экен. Безеленип көпкө сайрады… Мен көзүмдү албай тура бериптирмин. Мени карап, мен үчүн сайрап жаткандай туюлду. Кадимки обондой… Менин жашоомду ырдап жаткандай… Көзүмдөн жаш токтобой, муунум бошоп көпкө ыйладым. Ал да мени менен тең жарышып сайрай берди. Бир маалда түптүз эле ачык турган терезенин кырына учуп келип конуп калды. Ишенсең койсоң өзүң бил… Анын көздөрү мени карап тургандай… Экөөбүздүн көздөрүбүз арбашып жаткандай көпкө тиктешип турдук… Негедир ал менен тиктешип туруп, өткөн өмүрүмдү көз алдыман өткөрүп алдым. Тагыраак айтканда жолдошум менен өткөргөн өмүрүмдү… Ошондон бери ошол чымчык айланып, үйдүн жанынан алыс кетпейт. Жумуштан үйгө кадимкидей шашчу болдум. Тереземди ача салып, жем-суу коюп коем. Коркпой учуп келет да, жем-суусун ичип-жеп алып, мени менен сүйлөшөт… Бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөсөк да, жан-дүйнөбүз менен түшүнүп турганыбызды сезем.

Эже сөзүн токтото жерди тиктеп көпкө отурду да:
-Бул эмнеси?! Сен кандай ойлойсуң?- деди мага сырдуу карап… Мен эмне дешти билбей ийинимди куушурдум.
– Сен мени соо эмес деп турасың го?! .. Эмнеси болсо да, ушул чымчык пайда болгону жашоого болгон кызыгуум ойгонду… Өткөндө сага биринчи жолу жолукканда ушул окуяга көнө албай кыйналып жүргөн кезим болчу. Азыр кадимкидей көнүп калдым. Көнмөк түгүл чымчыкты өзүм издейм. Аны көргөндө көңүлүм көтөрүлө түшөт. Ал сайраса ыйлачумун… Азыр ал менен кошо обон созом… Билесиңби?! Аны жолдошум жибергендей боло берем. А мүмкүн өзүдүр?! Өлгөндөн кийин жаны чымчыкка айлангандыр ээ? А мүмкүн чымчык жакшы кабар алып келген жарчыдыр… Жолдошум мурункудай жадырап келип калаар?!.
Эже мени табышмактуу карап жылмайды. Мен: “Коюңузчу эже, каяктагыны айтпай!”-деп баратып токтодум. Бул сөзүм менен эженин үмүтүн, жан-дүйнөсүн талкалап алмбы деп коркуп кеттим. Неси болсо да бул бейтааныш эженин жашоого болгон сүйүүсү ойгонуп, үмүтү артып турганына чын ниетим менен сүйүнүп турдум.
– Кой, – деди бир маалда: – Мен кетейин. Сенин да убактыңды алып койдум окшойт. Жакшы тур! – деди да келген тарабын көздөй бет алып жөнөп калды.
– Жакшы барыңыз, – дедим мен да артынан кыйкыра.

Эженин карааны көрүнбөй калгычакты артынан карап турдум. “Жакшы барыңыз!”- дедим ичимден дагы кайталай… Көз алдымда чымчык менен сүйлөшүп турган эженин элеси тартыла көпкө отурдум. Чын дилимден эжеге ак жол каалап, үмүтсүз жашоо адам баласы үчүн эң кыйын экенине дагы бир ирет ишендим..

 *****************************************************************************************************************

АЛТЫН АЯК

-Айланайын кызым, балам менен байланыштырып койчу.
Улам келип, ден соолугун сурап, төшөк-жуурканын кымтылай жапкан медайым келинге,карыя суроолуу карады. Көздөрү жашылдана, муңайым тиктеп, дем алуусу оорлоп, сүйлөгөн сөздөрү да даана угулбай, үнү каргылданып калган.
-Ии ата, азыр, телефонумду алып келе калайын.
Медайым шыпылдай басып, сыртка чыгып кетти.
-Менде уулумдун номуру да жок эле…. Силерде болсо керек, ээ?
Карыя, чыгып кеткен медайымдын артынан кыйкырымыш этти. Оор дем ала күрсүнүп алды. “Кудурети күчтүү Кудай! Жанымды кыйнабай, алчу болсоң эртерээк алып кетчи,”- деди ичинен: “Мени сагынып, эстей турган деле эч ким жок. Өлсөм, ыйлаганга деле жан чыкпайт го! Сөөгүм айылыма жетээр бекен?!” Тиштери түшүп, кемшейип калган ээгин бүлкүлдөтүп, ый аралаш үшкүрүп алды.
-Ата, телефонду алып келдим, чала берейинби?
Медайымдын кирип келип, жанында турганын байкабаган карыя, нымдалышкан көзүн калчылдаган колдору менен аарчый, “мейли”-дегендей карады.
-Номурун билесиң да,ээ?-деди,күнөөлүү кишидей.
-Ооба,ата. Мына номерин терип койдум, гудок кетип жатат,- деп, телефонду карыянын кулагына жакындатты.
Телефонду үмүттүү тыңшаган карыя:
-Кызым, эч ким жооп бербейт го… Убара кылып койдум окшойт… Рахмат, айланайын…- деп, көкүрөгүндөгү ыйын жашыра, акырын гана кобурады.
-Анда, ананыраак дагы чалып көрөйүн. Мүмкүн өзү деле чалып калгысы бардыр. Телефонумдун номери түштү да,- деди, медайым.
-Мейли, кызым… Ал кургур дагы…
Сөзүнүн аягына чыкпай, дубал тиктеди. Эмне себеп менен, кандайча бул абышканын карылар үйүнө түшүп калганынан кабардар медайым, боор ооруй улуттунуп, сыртка чыгып кетти.

*****************************************************************************************************************

Кемпиринин сөөгүн жаңы эле ээсине тапшырып, кайгынын чеңгелинен чыга албай турган кезинде, уулу атасына мындай сунуш менен кайрылган.
-Ата,- деген ал: – Бул үйдө жалгыз калмак белең?! Биз менен шаарга бар, чогуу-чаран жашай беребиз. Бул үйдү болсо, саталы. Эми бул айылда кала турган ким бар эле? Акчасын мен бир керекке жаратам…
-Эмнени дөөрүп турасың?- деген карыя: – Сен менен кошулуп батирлеп жүрөйүнбү?! Өз үйүң болсо да… А бул үйдү сатпайм-этпейм. Канча жылдап ушул үйдө жашадык. Апаң экөөбүздүн өмүрүбүз айылда эле өтпөдүбү. Өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды… Ушул жерде эле жашайм. Азыр болбосо, кийин карыганыңда айылга кайтаарсың?
-Эми ата, үйдү сатпасаң мейли. Бирок, жалгыз кантип оокат кыласың? Ана, кызың да кетет күйөөсүн ээрчип… Жакын жерде болсо бир жөн. Ата-бабаң тааныбаган жерде жүрөт, эптеп оокатын кылып… Же эмне, алар менен кеткиң барбы?!
-Эч кимиң менен кетпейм-этпейм.- деди корсулдап, сүрдүү сүйлөп: – Апаңдын тирүүсүндө кызыңды бизге бер десек, караманча көнбөй койдуң эле. Эми, ойлонуп көрөөрсүң… Мага анчалык эле жаның ооруп турса, неберемди калтырып кет. Экөөбүз сонун эле оокат кылабыз…
-Ата, кызык экенсиң! Шаардагы мектебин таштап, ушул караңгы айылыңарга келсинби?!
-Аай бала! Караңгы деп… Сен кайдан чыктың эле?! Ушул жерде төрөлүп-өсүп, ушул жерден билим алып… Туулган жерден айлангыр десе! Уу, атаңдын оозун урайындын баласы! Эми эле кыйын болуп кеттиңби? Же, эмне, шаарда жашасаң эле билимдүү, илимдүү болуп калдыңбы?! Ана, уулуң деле ушул жерде өсүп-чоңоюп, билим алып, чет өлкөңдө жүрөт го! Алыска жибербей эле кой дегенге көнбөй коюп… Чоң энесине да топурак салганга жарабай калды…
-Кандай, жарабай калды? Укпаса… Айтпасак, кантип билмек эле?!
-Укпаса деп… Кабар айттырбасаң билбейт да!
-Ал келгенде эле эмне, апам тириле калмак беле. Ишине тоскоол болмоюн дебедикпи…
-Ишине деп… Бул жерде эле иштесе болбойт беле?! Же ал жакта бирөө колуна акча салып берип жатыптырбы?! Акчанын аркасынан томолонуп жүрсөңөр да жарыбай койдуңар! Жашың кыркка келсе да, бир чычкак улагың жок, атаңдын оозун урайын… Мен өлсөм, союш алганга жарыбай куурайсың го?!
-Э-эй, болдучу ата, каяктагынын баарын козгойсуң да турасың! Айылыңан кеткиң келбейби, кала бер! Өзүңө өзүң союш даярдай берээрсиң! Неберемди калтырат экен деп үмүт кылбай эле кой. Эч кандай калтырбайм. Же биз менен кетесиң… Же жалгыз сокуюп отура бер…
Ошону менен сөз бүткөн. Айласы жоктон уулун ээрчип шаарга келе берген. Ошондон кийин айылына бир да каттай алган жок. Чогуу жашагандан кийин билген уулунун кандай адам болгонун. Келининин ким экенин… “Суроо-сопкуту жок, айылдагы үйдү сатып жибериптир, куураган бала… Анын акчасын керекке жаратса да мейли эле…Ээгине ата сакалы өссө да, мээсине акыл кирген эмес экен да?! Кумар деген балекет, акыл-эсин, тулку боюн, жүрөгүнөн бери ээлеп алган турбайбы!”
Карыя уулун ойлой сай-сөөгү сыздады. Кемпирин эстей: “Мени таштап кетип калбадыңбы… Ала кетсең эмне… Өмүр бою бирге болдук эле…Өлсөк да чогуу болобуз дечү элем… Түбү түшкөн дүнүйө ай!”- деп, буулуккан тамагын оңдой, кызыл өңгөчүн тарта оор дем алып койду.
Жашап өткөн өмүрүн көз алдына элестете, дубал тиктеген боюнча ойлуу жатты…

******************************************************************************************************************

-Колхозбек! Кайдасың? Жүрү талаага… Биз барганча эч нерсе калбай калат…
Курсагына кичине эле ысык тамак кирсе, бүт дүйнөнү унута, көңүлү көтөрүлүп ойноп кетет Колхозбек. Апасынын үнүн угаар замат тызылдап жүгүрүп келип, апасынын бутунан кучактай калды.
-Апа, бүгүн дагы машак теребизби?- деди тултуңдай.
-Тербегендечи… Антпесек, ачка калбайбызбы… Бас, эркелей бербей. Сен эми чоң жигит болбодуңбу.
Ичинен согушка наалат айта, жүрөгү ооруп турганын билгизбей, уулун эркелете сүйлөп, чачынан сылап койду.
-Апа, мен чоңойгондо сизди талаага жибербейм. Өзүм эле, машак көөп терип келем… Үйдө наныбыз көөп болот ээ?-деп, жолдо катар апасынын колунан коё бербей, божурап бара жатты: – Атам да келет… Апа, атам кандай?.. Мен аны тааныбайм да ээ?.. Мен аны ата дейм да ээ?.. Эркелеп,ата мээримин көрбөсө да, көөдөнү көксөп, балалык кыялында атасынын бар экенине сыймыктанат.
Атасын Колхозбек элестете албай калган. Жаңы эле там-туң басып, кызыгы чыгып турган маалда, согуш башталып, атасы биринчи эле чакырык менен согушка аттанган. Жапжаш күлгүндөй жигиттер биринен сала бири жоого каршы аттанып, күн алыс айыл элдерине “кара кагаз” келип турган кез. “Баланча курман болуптур”-деген сөз чагылгандай тез тарайт. Майданда жүргөндөрдөн кат-кабар күтүп, почточуну үмүттүү карашат. Майып болуп келгендерди бардыгы кубана тосуп алышат. “Майып болсо да, багы бар экен, эл-жерине аман келди,” дешет сүйүнүшүп. Андай үй-бүлөлөр аз гана санда…
Терген машактарын үйгө алып келишет да, тазалап, сапырып, кол тегирменге салышат. Кичинекей кол баштыкка салып илип коёт. Андан нан жасайт, апасы. Баштыктагы талкандан апасына көрсөтпөй, сугуна жечү Колхозбек. Тегерегин жал-жал карап, батыраак жутуп жиберүүгө ашыкчу. Апасы көрүп калса уруш угаарын билет. Кээде апасы ыйлайт. “Талкан жеп койсом эле ыйлай берет,”- деп ойлойт, Колхозбек. Апасынын талканга эмес, бул жашоого таарынып, согушка наалат айтып, күйөөсүн сагынып ыйлап турганын кайдан билет.
-Ыйлабаңызчы, апа. Экинчи талкан уурдабайм,- дейт апасынын бетинен сылай, күнөөлүү башын жерге салып…

*****************************************************************************************************************

Күрс-күрс жөтөлүп, төркү бөлмөдө жаткан энесине чай жуткузуп, Жийде оозгу бөлмөгө жаңы эле чыккан.Көздөрү жайнап, беттери тамылжый кошуна келин кирип келди.
-Жийде,- деди шыбырай: – Сен уктуңбу?.. Гитлер жеңилиптир… Элдер бири-бирине сүйүнчүлөп жүрүшөт…
Жийде уккан кулагына ишенбегендей нес боло түштү. Тамга жөлөнгөн боюнча, үн-сөзсүз телмирип турду да, шалдырай жерге отура кетти. Эки бетин алаканы менен жаба калып ыйлап жиберди.
-Эмне ыйлайсың?.. Кубанбайсыңбы?.. Кызык го…
Кошуна келин Жийдени колтуктан ала өйдө тургузду да:
-Буюрса, күйөөң келет… Сага “кара кагаз” келген жок да…- деди жооткото.
-Ооба… Ооба… Келет… Колхозбегим кайда жүрөт? Ананайыным… Ошонун бактысына атабыз келет… Сөзсүз келет… Мен апама айтайын… Ал да сүйүнүп калсын, бечара. Уулун күтүп жүрүп, байкуш, карып да кетти…
Экөөнүн сөздөрүнө түшүнө албай, жалдырап, улам бирин карап турган Колхозбек апасынын этегинен тарткылап: “Апа, ыйлабаңызчы,”-дегенинде гана Жийде уулун байкап: “Секетим, атаң буюрса, жакында келип калат,”- деди чачынан эркелете сылап.
Атасы азыр эле күлүп-жайнап кирип келчүдөй кубанган Колхозбек, так секире сыртка жүгүрдү:
-Ура-а! Атам келет! Ура-а!

******************************************************************************************************************

Ошол сүйүнүчтүү кабардан кийин канча күндөр, айлар, жылдар өтпөдү дейсиң! Жийде үмүтүн үзбөй күтө берди. “Баланча келиптир,”- дегенди угаар менен Колхозбегин ээрчитип алып, жүгүрүп жөнөйт. “Сапарды көрдүңбү?” Биринчи эле суроосу Сапар болот. “Жок… Көргөн жокмун,”- дейт кай бири. Кээси суроосун жоопсуз калтырышат.
Бул кандуу согушта жабыр тартпаган үй-бүлө деле калган жок. Атасыз өскөн жетимдер, күйөөсүз калган жесирлер, эмчеги сыздап, зар какшаган канчалаган энелер калды. Согуштан кийинки жылдары элдин жашоосу оор болду. Бир канча айылда бир гана мектеп боло турган. Колхозбек да өзү теңдүү балдар менен кошуна айылга барып окуду. Жаздын күнү ылайга батып, кыштын кыраан чилдесинде кар жиреп эмне деген азаптарды көрүп окуду. Бирок ошол кездеги адамдардын пейили азыркы жыргал жашоонун шорпосун таткандардан бир кыйла айырмаланып турчу. Келечекке болгон үмүт, бири-бирине бир туугандай мамиле, карыларды сыйлоо…
Колхозбек мектепте да жакшы окуп, үйдүн жалгыз эркеги катары көп түйшүктү мойнуна алды. Ал кездин идеологиясынын күчтүүлүгү! Жалпы эл келечекке болгон үмүтү менен жашады. “Эл үчүн, Ата-Мекен үчүн”- деген ураан ар бир инсандын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган эле. “Биз келечекте Коммунизм курабыз!”- дегенге чын ниеттери менен ишенишчү. А, азырчы?!

******************************************************************************************************************

Сексенинчи жылдардын аягында:”Коммунизм курабыз!”- деген ураандын чындыгына эл ишенбей калды. Көпчүлүк коммунисттер партбилеттерин ыргытып, Коммунисттик идеология ичтен жеген диндин бир түрү деп чыгышты. Бир кезде карапайым элди дин менен башкарып келген болсо, ошол кез Коммунисттик идеология менен баш ийдирип турган. Колхозбек да, өмүр бою ишенип, туу тутуп келген нерселердин баары жөн гана утопия экенине көзү жеткенде, упчусун тарттырып жиберген жаш баладай томсоро түштү. Совет мезгили ыдырап, эл алапайын таппай карайлап калды.
Канча жылдап Москванын буйругу менен жашап келген он беш республиканын арасында Кыргызстан да бар эмес беле… Ансыз кандай болоор экен дегендей, жаңы гана өз алдынчалыкка жеткен жаш мамлекеттин келечегине ишенип-ишенбей, карапайым калк мүңкүрөй түштү. Бир заматта колхоз-совхоздор жоюлуп, завод-фабрикалар жабыла баштады. Элдин көбү жумушсуз калышты. Базар экономикасы күч алды… Эптеп жан багыштын айласы менен көпчүлүк шаарга агыла баштаган кез. Совет кездеги көзгө көрүнбөгөн, болсо да жаап-жашырылып, “биз – совет эли, капиталист эмеспиз”-деп көмүскөдө болгон, байлык, мансап талашуу ачыкка чыкты. Көпчүлүк эл мал-жанын сатып, кедейленип бара жатса, базар экономикасын туура түшүнгөн кээ бири мал көбөйтүп, жеке чарбачылыкка өтүштү. Мамлекеттик мүлк деген түшүнүк жоголуп, жеке менчикке, башкача айтканда колдорунда барлардын, же көзү жеттиктердин карамагына өтүп кетти. Бай, кедей деген ачык эле билине баштады. Бир кезде жашыруун, элге жок нерселер катары көрүнгөн сойкулук, паракорлук, көчө таптамай, алып-жутмай деген терс көрүнүштөр жаандан кийинки козу карындай жайнап чыкты. Демократия десе эле, ажылдап сүйлөгөндөрдүн заманы болуп, чыгармачыл чөйрөдө да цензуранын күнү бүтүп, кыскача айтканда өз билемчелик катуу күчкө кирди…
Колхозбек калың катмардын ортосу болду. Бай болуп кетпесе да, мал-жанын сактап кала алды. Жер иштетип, мал багып, үй-бүлөөсүн жер караткан жок.
Колхозбек жалгыз уулун бөтөнчө эркелетип өстүрдү. “Мен атасыз өсүп, кандай гана кыйынчылыктарды башыман өткөрбөдүм. Эми уулум эч нерседен кем болбосо экен,”- деп жатса-турса уулунун келечегин ойлоор эле. Билинбей жылдар учуп, уулу эрезеге жеткен кезде гана туура эмес тарбия бергенин, эми кеч болуп калганын түшүндү да: “Аттиң!”- деп ээрдин тиштеп отуруп калды. Колунан эч нерсе келбесе да, корсулдап катуу сүйлөп, көкүрөк көтөрүп мактанган уулу Колхозбектин сөзүн сөз дебей калган… Уулунун мерез мүнөзү кемпиринин көзү барында көп билинбеген… Баарын шаарга алар менен чогуу келгенден кийин билди…

*****************************************************************************************************************

Өмүр бою айылда жашаган Колхозбекке шаарда оор болду. Кылаарга иш таппай кайсалап, кайда басып, кандай кылыштын амалын билбей,күндөр кылымдардай созулду. Айылда жүргөндөгүдөй, таң кылайып атканда көзү умачтай ачылат да, дубал тиктеп жата берет. Кемпирин бөтөнчө сагынчу болду… Таң атпай уйларын сааган кемпири Колхозбекти аярлап ойготчу:
-Абышка,-деп эркелете кайрылчу:
-Тур, уйлар бададан кеч калат. Койлордун да жаактары талымай болду, маарай беришип… Күн ушундай башталаар эле. Өмүр бою бири-биринин көңүлдөрүн калтырбай, сыйлашып өтүштү. Андан калса кемпири бөтөнчө адам эле го… Карыганча Колхозбекке өйдө караган эмес. Колунан көөрү төгүлгөн уз да эле… Колхозбек өмүрүнүндө бир гана нерсеге ичи ачышчу. Жашынан көп балалуу болом деген кыялы орундалбай калды. “Кудай берген ушул эки балам аман болсун,”-деп өзүн жооткотуп коёр эле. “Бак артса ушул эки баламдан сый көрөм,”-деген ою да жомоктогудай болуп кала берди…
-Ай, балам, карандай чайыңа ашказан карыгып кете турган болду… Эт-май алсаңар болбойбу?! Этсиз кантип тамак жейсиңер билбейм…
Колхозбек айылдан келээринде ала келген бир койдун эти түгөнгөнүнө он күндөн ашты. Эптеп-септеп сууга бышкан, тамак аттуларды жей берип көөнү калган.
-Кайдагы эт?! Бул жер айыл эмес… Каалаган күнү кой союп, этти тойгончо жегендей… Баары сатык…
-Сатык экенин сен айтпасаң да билем. Чычкак улагың жок экененин көрүп туруп, эмнеңди сой дейин?! Сатып келбейсиңби…
-Э-эй, ата! Этке эмес… Батирге төлөгөнгө акча таппай отурам. Пенсияңды качан аласың?
-Пенсиямды?.. Менин пенсиямды аңдый баштадыңбы?.. Жок, пенсиям! Шаарга биз менен барсаң жыргатам деп кыйратып жатпадың беле, атаңдын оозун урайындын баласы десе! Кана, карандай чайдан башка…
-Ишимен акчамды төлөбөй кармап жатса,өзүмдү сатайынбы?! Пенсияңды берип тур, берем да кайра эле…
-Сенин иштеп жүргөнүңө деле ишенбей калдым. Кечке уктайт экенсиң… Ырыскыңдан кур калып… Кечинде кетет экенсиң. Түнүндө, деги, эмне иш кыласың?!
-Ошондой жумуш… Жаш баладай такый бербей… Бересиңби, пенсияңды?
-Жок! Менин пенсиямды сурагандан уялбайсыңбы?! Апаң, эмнеге эле, ай өткөрбөй шаарга жөнөп калчу десем?.. Сенин курсагыңды ойлоп жүгүрчү турбайбы, кургур… Карыганча бактым, жетет… Мени бага албасаң, айылга жеткирип кой! Ушинтип көрүнгөндүн көзүн карап батирлеп жүргүчөктү… Сен деле айылга барып, оокат кыл! Уулуң эрезеге жетип турат… Чет жагыңан келип, үйлөнөм деп калса, эмне кылаар экенсиң?!
-Э-эк! Ушу сенин акыл үйрөткөнүң өтүп кетет! Уулумдун маселесин өзүм чечип алам…
Эшикти тарс жаап чыгып кеткен уулун карап, Колхозбек оор күрсүнүп алды…

*****************************************************************************************************************

Колхозбек кир болуп өңдөн кеткен көйнөгүн чечип, алмаштыраарга кийим таппай карайлап калды. “Келгени келиндин кир жууп жүргөнүн деле көзүм чалган жок. Мурунку чечкен кийимимди кайда койду экен?” Эскилиги жетип, араң турган кийим койчу текчени бир сыйра аңтарып чыкты. Өзүнүнө тийешелүү эч нерсе колуна илинбей, шаабайы сууй түштү. “Келин келгенде сурайын… Жуунбай, биттеп кете турган болдум го… Буларың кайда жуунушат болду экен? Жуунгандарын деле көрбөй койдум. Бири таңында кетсе, бири кечинде кетип… Деги ушулар, бир үй-бүлөдөй эмес…” Өзүнчө кобурап, шыпшынып койду.
Чечкен көйнөгүн кайра кийип, сыртка чыкты. Короонун сыртына чыгып, ары-бери өткөндөрдү узата карап, ойлуу отурду. “Шаар деген эле аты болбосо… Акыр-чикирге толуп, курт-кумурсканын эле ордосу окшойт…” Тегерегиндеги жер жайнап чачылган калдыктарды карап желкесин кашып койду. “Ушуну да тазалап койгонго жарашпайт, атасынын оозун урайындар десе… Эптеп эле курсак тойсо болду деп калышканбы, бул шаарыңдын эли.” Короого кирип, эзели иштетилбегендей куурап турган огородду айлана басты. Короонун четинде өсүп турган бадалды карап: “Шыпыргыга жарачудай экен,”-деп кобурап, андан тутамдап сындырды да шашпай отуруп шыпыргы жасады. Короонун ичин мизилдетип тазалап койду да, сыртка жөнөдү. Көчөдө чачылып жаткан акыр-чикирди да тазалап шыпыра баштады. Өткөн-кеткендер бейтааныш абышканын көчө тазалап жүргөнүн, күнүмдүк болуп жүргөн нерседей кабыл алышканы, Колхозбекке жакпай турду. “Буларың… Учурашканга деле жарашпай окшойт… Айылым болсо… “Иш илгери болсун, ата,”-дешип, көргөн жаштар колуман талаша жардам беришмек. Шаарың аман болсун… Бири-бирине баары чоочун…” Бир аз жерди тазалап койгон маалда келини келип калды.
-Ата! Сиз эмне кылып жүрөсүз? Бул көчөгө жер шыпыргыч болуп алдыңызбы? Көргөндөр эмне дейт?!
-Эмне дешмек эле… Бир абышка көчө тазалап жүрөт дешет да…
Колхозбек келининин жанына келип калганын байкабаганына кабатыр боло түштү.
-Бизди уят кылып жатпайсызбы!
-Кимге? Тааныбаган бирөөлөрдүн мени менен иштери канча?
-Тааныбаган… Кошуналардын баары эле таанышат да… Үйдө эле отура бербейсизби!
-Отурбайм-этпейм… Өзүңөр жашаган тегеректи тазалай албагандан кийин… Кандай жансыңар? Тамагыңардан эптеп ысык суу кирсе ыраазы болуп калган окшойсуңар…
-Уулуңуздун жиниме тийгени аз келгенсип… Сиз калдыңыз эле… Эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз… Бирок бул жерде эмес…
Келини зиркилдей, Колхозбектин шагын сындыра сүйлөп, үйгө кирип кетти.
Колхозбек ээгин бүлкүлдөтүп, жаш баладай көзүнө жаш алды. “Ушинтип, карыганда балдарыман кагуу жеп каламбы?.. Түбү түшкөн дүнүйө ай! Жөн отурбай, бир керектерине жарайын десем да… Куураган гана кемпирим ай, менден биринчи кетип… Мени азапка салып койбодуңбу…” “Кудайга жакпасаң, кемпириңдин артында каласың,”- деген бир кездеги теңтушунун сөзү эсине түшүп: “Сага кай жеримен жаздым экен?!”- деп Кудайга нааразы боло күбүрөндү…

******************************************************************************************************************

Сыртта күнөстөп көпкө чейин отуруп, Колхозбектин курсагы курулдап, ачка болуп чыкты. Бала кездеги,апасынан катып, талканды сугуна жеген мезгилин эстеп, жылмайып алды. Айылдын сыдырым соккон желине, шаркырап аккан, туптунук суусуна болгон сагынычы артып, алыста көрүнгөн тоону кусалуу карады. Кеч киргени мал тосууга барып, өзүндөй болгон карылар менен маектешип отурган мезгилдин кайрадан келбесине ичи ачышып, оор күрсүнүп алды.
Келинин качан тамакка чакырат деп, үмүттүү үй жакты карады. Уулу бүгүн кечке үйдөн чыкпай, жууркан оронуп, уктаган-уктабаганы белгисиз жатат. Анын мындай жоругуна Колхозбек карыя да кайдыгер карап, эмне болгонун сурабай түнөрдү. “Чакырганын күтө берсем, ооз карыга турган болду… Атаңдын көрү дүнүйө, карыганда бирөөнүн көзүн каратып койгону азап турбайбы?!” Колхозбек карыя үйгө бет алды. Сырткы бөлмөнү ачаар менен келининин чаңкылдаган үнү угулду.
-Сени бакканым аз келгенсип, атаң калды эле?! Кетир айылына…
Уулу күңкүлдөп араң жооп айтты:
-Кайдагы айыл?.. Үйдү саттырттып коюп, билбеген кишидей сүйлөйсүң да…
Колхозбек карыя бул сөздү укканда, жүрөгү жарылчудай түрсүлдөп, денеси калчылдап, тердеп чыкты. Башы зыңылдап,көздөрү караңгылап,буттары шилтөөгө жарабай, дубалга араң жөлөндү…

******************************************************************************************************************

Колхозбек карыя керебетке таянып, калчылдап жатып, араң, ордунан турду. Терезеден сыртты ойлуу тиктеп турду да, оор күрсүнүп алды. Бул жерде канча күндөн бери жатат белгисиз. Сыртта өзүнө курбалаш карылар ары-бери басышып, кээ бирлери кобурашып сүйлөшүп скамейкаларда отурушат. Ооруканадан түз эле, уулу ушул жерге алып келип баса берген. Анда-санда кабатырланымыш этип, келгени болбосо, чоочун адамдай мамиле кылды.Келгенде да карыянын жарыбаган пенсиясын сурайт. Кээде Колхозбек карыя уулу экенине ишене албай кетчү болду. “Атаң көрү, дүнүйө! Өз каныман жаралган бир ит экен го… Ушундай тагдырга туш келем деп, миң уктасам түшүмө кирди беле?!. Бир кезде жамандыктын баары менден айланып каччудай ойлочу эмес белем… Өлүп калуудан да, тирүүлөй эч кимге керегиң жок болуп, башка жанга эле эмес, өз балаңа да батпай калат деген тозоктон өткөн нерсе жок сыяктуу… Дегеле, ата-энени балдары керексиз буюмдай таштап коёт деген, эмне деген шумдук! Ушундайларды, өкмөт дегениң бир жазалап койсо, коркуп калышаар беле дейм… А-а! Жашоо! Сыртынан коркумуш этип… Жүрөгүнөн жек көрүп… Колунан келээр болсо, өлтүрүп коюштан деле тартынбагандар бар экен да… Өз кан-жүрөгүнөн бузулуп турганды, өкмөтүң деле, тазалап коёруна көзү жетпей турса керек да!.. Жалган дүйнө десең!.. Мага окшогон шордуулар көп экен го… Башыңа түшкөнчө, билбейт экенбиз да… Биз жашаган дүйнөдөн башка да, өзүнчө бир дүйнө бар экенин… Карыганда тагдырдын ушундай жазмышын душманыма да каалабас элем…” Уулунун үйдү суроо-сопкуту жок сатып жибергенине ичи бир ачышса, андан түшкөн акчанын дайыны жок, кумарга алдырып жибергенине эки күйчү болду. “Бул барбаса да, неберем барып жашаар деген үмүтүмдүн таш-талканы чыкты го… “Ичтен чыккан ийри жылан…” Кандай болбосун, эмне гана кылбасын, балам экен да… Сагынып, куса болуп турганымды карабайсыңбы…” Ар ойду ойлоп, уулуна туура эмес тарбия бергенине кабыргасы кайышып турду. “Дөлдүр күйөөгө-сөлдүр катын… Келинчеги да бир байкуш экен да… Менин оокатыма тирүүмдө көз артышканын карабайсыңбы. Баштары иштесе, небереме калтырышат эле го. Ал да… Неге чет жакта иштеп жүрөт десе? Ата-энесинин сырын жакшы билсе керек да… Жок дегенде ошонум акыл-эстүү чыкса экен…” Бактардын саргайып турган жалбырактарын карап: “ Күз да өтүп баратат… Эрте жазда келдим эле… Өз баламдын үйүнө бир ай да батбапмын… Бул жерде жашаганыма…” Айларынды санап: “Аа, жашоо!.. Ушундай экенсиң го…”-деп кобурап койду. “Жаш кезде карыбачудай болот экенбиз да… Кемпиримдин кадырын билбей… Байкушум… Канча кылганыңды жактырбай кагынып койгонумду кантейин… А-а! Куураган гана жашоо ай! Кайра баштан жаралсаң не?!” Улам бир ойду ойлоп, кемшеңдеп, көзүнө жаш алды. Калчылдап жатып, керебетке араң көчүк басты.

******************************************************************************************************************

Таң куланөөк атып, жерге жаңы гана жарык түшө баштаган кез. Көнгөн адатынча, Колхозбек карыянын көзү умачтай ачылды. Денеси оорлошуп, жаны жер тартса да, таң кандай атты, ойгонуп алмайы бар. Түнү деле жарытылып уктабай калганына көп болду. Караган кишиге көөшүлүп таттуу уйкуда жаткандай көрүнгөнү менен, жан-дүйнөсү уйкудан безип, мээсине ар кандай ойлор уюп алгандай тынчтык бербейт. Өз ою менен өзү алпурушуп, кыйналгандан башка пайдасы жок. “Карыганда, башыма жазган тагдырдан кайда качып кутулам дейсиң?.. Мага окшогондор көп экен го бул жерде. Жазмыштарына баш ийип калышкан көрүнөт… Бири-бирин өмүр бою тааныган курбулардай сырдашып, бул жерди өз үйлөрүндөй көрүп калышкан турбайбы, жарыктыктар…” Колхозбек карыя гана тагдырына баш ийгиси келбегендей… Ким билет? Көптүн арасында да Колхозбек карыядай ичтен сызып жүргөндөрү канча дейсиң? Ар адамдын жан-дүйнөсү ичте эмеспи… Бири-бирине билгизбей, армандарын ичте катып, жан адамга айтпай, жашыруун жол карап, төрүнөн көрү жакын калган аз өмүрлөрүндө балдарынын төрүндө ысык чай ичип отуурууну Кудайдан күнү-түнү тилебеген кары жок болсо керек бул жерде… “Карысы бардын ырысы бар”- деген, эзелтеден эл оозунда айтылып келе жаткан улуу сөздүн чындыгы, таптакыр эле жүйөөлүү эместей бул жерде… Төрөлгөнү ырыскысыз өмүр сүрүп келишкендей, бул жерде… Алар да бир кезде жаш болушканы төгүн эместир… Карылыкты ушундайынан бер деп тилеп алышпагандыр да… Өмүрүндө бала жытына зар болуп, карыганда багаар-көрөөрү жогунан айласыз ушул жерге келип калгандардан да, өз балдарына батпай куугунтукталып калгандардын саны арбыныраактай…
“Күткөндөрү жоктордон да,мендей болуп уул-кызын зарыга күтүп, үмүттөнүп жүргөндөргө оорураакпы дейм…” Колхозбек карыянын үшкүрүгү басылбачудай. “Ушул жерде өлүп калсам… Арманда гана кетем го, чиркин! Кандай да болбосун балдарым экен да! Бир көрүп, керээзимди айтып… Кыз деген ата-энеге боорукер болот дешчү эле? Кызым укпай жүргөн чыгаар… Укса кантип бир басып келбесин… Неберелеримдин саамайларынан жыттап, эркелетип отураар мезгилимде… А-а! Кайран гана өмүрүм! Балдарга жакшы тарбия бере албагандан кийин… Кайсы гана арманымды айтайын… Өмүрүм текке гана кетиптир да!”
Колхозбек карыя ойлонуп ойдон чыга албай турган кезде, эшик акырын ачылды да, медайымдын мээримдүү жүзү көрүндү.
-Ата,- деди акырын: – Сизге бир жигит келиптир… Мурда көрбөгөм… Небересимин дейт… Киргизе берейинби?
Колхозбектин мууну калчылдап, көзүнө жаш тегерене түштү:
-Каралдым, эмне дейсиң?..
Медайымдын айтып турганына ишене албай, ордунан тура жүткүндү.
-Ата! Абайлаңыз! Жаңы эле жакшы болдуңуз го! Отура бериңизчи!
Колхозбек карыяны колтуктан ала, сүйөп керебетке оңдоп отургузду.
-Азыр киргизем… Өзүңүздү этияттаңыз!
Шыпылдай басып сыртка чыгып кетти.
“Мунун баары түшүм болбосун…” Өз оюнан өзү чоочуп кетти. “Каралдым,карааныңдан кагылайын берекем… Менин бул жерде экенимди угаар менен жөнөдүң бекен? Же… Эптеп бир учурашып коёюн деп, араң гана келдиң бекен?” Медайым чыгып кеткенден кийин убакыт токтоп калгандай… Небереси кирбей кетип калчудай, коркуп турду. Эшик тарапты жал-жал карап, жаш баладай мурдун “шуу” тартып, жеңинин учу менен куюлуп турган көз-жашын аарчып жатты…

*****************************************************************************************************************

Жайдын толуп турган убагы. Колхозбек карыя жан-жагын карап коюп, бир жаккадыр шашып баратат. “Басыгым курусун… Канчалык аракет кылбайын, жаш кездегидей шайдоот боло албайт турбайсыңбы!.. Ушуга да шүгүр!” Кичине дем алып турду да, кайрадан жолун улады. “Балекетиңди алайын, каралдым, менин кетип бара жатканымды көрүп калса, дагы урушумуш этет… Курдаштар менен кичине болсо да маектешип отурсам, көңүлүм көтөрүлүп калаарын билбейт да…” Алыстан, өзүнө тааныш дөңсөөдө кобурашып отурушкан абышкаларды көрүп жылмайып койду. “Карыганда, небереңдин колунан чай ичип, анда-санда ушинтип, мал тосууга шылтоолоп,курдаштар менен жолугуп турууга эмне жетсин… Небере баладан да ысык тура…Сенин барың, мен үчүн бакыт экен го! Сен болбосоң, баягы жерде, какчыйып жатып, көзүм өтүп кетет беле, ким билет?..” Небересине жалынып-жалбарып, өзүнчө тагдырына ыраазы боло кубанып турду. Дөңсөөгө жакындай берип, абышкаларга кол булгалады. Колхозбек карыяны көргөндөр, күлө тосуп алышты.
-Дегеле, кол булгалап… Күндөн-күнгө жашарып баратасың го… Жигиттерден ашып кетчүдөй… Басыгың эле бир шумдук!
Арасынан бирөөсү тамашалай сүйлөп, карс-карс күлүп калды.
-Жашарбаганда… Неберемен өтүп, келиним, көзүмдүн агы менен айланып турса, секеттерим… Мен жашарбаганда, ким?.. Ушул үйүмдөн кол жууп калып, кайгынын кучагынан канткенде кутулам деп зарлап турганымда, каралдым, баарын кайрып берди го! Эми ушуларыма нысап берсин. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерлейт” болуп, баламдын кылыгын калың журт билип калбадыбы… Уулдун үч түрү болот дечү беле? Ошо жарыбаган уулумдан неберем өтүп, адам экенин далилдеп койбодубу… Ушуга да шүгүр!
-Ооба десең!.. Дагы да болсо, үйүңдү сатып алгандардын жүрөктөрү бар экен го! Акчасын бергениңерде, макул болушуп, чыгып кетишкенине тобо дедик да! Кара мүртөз бирөө болгондо, эки эселесеңер да көнбөй коёт беле?
-Ооба, ооба… Анын да чындыгы бар… Айланайындар, алар мага өз балам кылбаган ишти жасагандарын кантип унутайын… Кудайдан аларга өмүр сурап отурбаймынбы…
Колхозбек карыя курдаштары менен узак сөзгө кирип, чечиле сырдашып отурганына кубанып турду. Туулган жеринин топурагы буйруп, кайрадан айылына келгенине Кудайга миң мертебе рахматын айтып, небересине ыраазы болуп, өмүр тилеп турган убагы…

Apr 22

Жаңы жомок..

МАСТАНДЫН ЭНЕСИН ИЗДЕГЕНИ     (1-бөлүм)

МАСТАН КЕМПИРДИН АБАЛЫ

Илгери-илгери… Ой жок! Кайдагы илгери? Кечөө жакында эле болгон го?.. Аа, ооба, кечөө жакында эле кайсы бир токойдо мастан кемпир жашаган экен. Ишенбей турасыңарбы? Анда эмесе кулак түрүп угуп тургула.

айыр 3Жакынкы убактарда эле кайсы бир жерде, кайсы бир шаардын четинде мастан кемпир жашаптыр. Бирок, анын мастан экенин эч ким билчү эмес экен. Көрсө бечера мастан илгеркидей эч кимди алдай албай, мастандык кыла албай калган тура. Мисалы, бирөөнү алдап ууланган алма берип өлтүрүп койойун десе, дароо милиция кармап алгыдай. Же болбосо кимдир бирөөнү казанына салып бышырып жейин десе, анысы бат эле билинип калмак да телевизорго чыгарып, мастандыгын бүткүл дүйнөгө жар салып коюшмак. Ошону менен ал бүтүндөй элге таанымал болуп, түрмөнүн түбүндө чиригидей. Кыскасы, мастан кемпир канчалык мастан болгону менен адамдарга зыянын тийгизе албай калыптыр. Болгону, ал токойдун арасында өзүнүн жаман кепесинде наалып-напчып отура берчү имиш.
– Ушу азыркы кишилер кыйын болуп кетти. Керек болсо кичинекей балдары да акылдуу. Кенедей болуп алып баарын билишет. Ушунчалык көп окуп, акылман болуп кетүүнүн кимге кереги бар эле, – деп сүйлөнүп кейичү ал. Кейибей анан. Өткөндө эле бир баланы эптеп алдап кармап алса, ал ата-энесине телефон чалып бат эле кутулуп кетти. Мастан кемпирди болсо аз жерден түрмөгө камап койо жаздашты. Байкуш кемпир оорукчан болумуш болуп араң кутулду. Ошондон бери кичине балдардан да коркуп жүрөт.
Бирок, мастан деген баары бир мастан да. Ал кимге жамандык кылаарын билбей, башы катып, кыйналып жүрдү. Күнүгө бир маал шаарга барып, балдарды байкап келчү болду. Чынында ал ары-бери чымылдап чуркап жүргөн тентек балдардан коркчу. Андайларга тийип эле койсоң элдин баарына айгай салып жибергидей. Андан көрө көп сүйлөбөгөн, болпойгон балдардан кармайын дечү ал.

КИТЕП ОКУГАН БАЛА

Бир күнү ал адатынча шаарды айланып келгени жөнөдү. Бирок, бул жолу негедир башка эле жолго салды. Ооба, шаар четинеги талааларды, же токойлорду карасаңар, бир адам гана баса турган жалгыз аяк жолдор болот го, ошондой менен келатты. Коңкойгон ийри тумшугун жашыргансып түксүйгөн түгү бар жоолукка бекем оронуп алган неме, ийрейген алсыз колуна кайдан табылганы белгисиз жаман баштыгын илип алып калаага кирип келди. Бирок, бул жолу ал бир канча саат айланып басып жүрчү мектепке жеткен жок. Себеби, анын издегени так ушул кире бериштен эле табыла калды.

Шаардын четиндеги чаканыраак үйдүн алдында бир бала китеп окуп отуруптур. Анан калса, так эле өзү ойлогондой болпойгон бала экен. Момурайып отурганы да башкача. «Мындайларды бат эле алдаса болот» деди ал ичинен кымыңдап. Анан калп эле чарчаган киши болуп, белин басып кайкалай калып сүйлөнө баштады.
– Өх-х, белим ий, белим. Бул карылык деген азап тура. Буттардын да ооруп турганын карабайсыңбы. Өөх…
Ушунтип сүйлөнгөнчө акырын бала тарапка көз кыйыгын салды. Ал дагы мастан күткөндөй аягансып карап калыптыр. Кемпир аны көрүп ого бетер экиленди.
– Алда катыгүн ай! Алда катыгүн! Ушунтип карыгыча жан кыйып кете бербей эмне! Олдо белим ай, олдо белим!…
Болпогой бала чыдабай кетти окшойт, жанына чуркап келип колунан кармады.
– Чоң эне, бир аз отуруп эс алып албайсызбы? Жүрүңүз тиги жерге, – деп өзү отурган орундукту карай тартты. Мастанга ушул эле керек эмеспи. Ичинен кымыңдай кубанганча бала айткан орундукка барып кыңкыстамыш болуп отурду.
– Балким суу же жарма ичпейт белеңиз, үйдөн куюп чыгайын, – деди элпек бала лепилдеп.
– Жок, катыгүн! Ичпейм, ичпейм, – деп чочуп кетти мастан. Оюнда бала үйгө кирсе улуу кишилерден бирөө чыга калабы деп коркту. Бала болсо анын суу дегенде мынча чочуп кеткенине түшүнбөй, таңыркап калды. Анткени менен ал кемпирден деги эле шек санаган жок. «Суу ичкенде бир жери ооруйт го бечеранын» деп койду өзүнчө тыянак чыгарып.
– Балам, сен элпек, жакшы бала турбайсыңбы. Ата-энең кайда? – деди кемпир акырын сөзгө тартып.
– Алар жумушка кеткен.
– А, жумушка кетиштиби? Үйдө ким бар, байке-эжелериң кайда?
– Алар жок. Мен үйдүн улуусумун, – деди бала саал мактангансып.
– Оо, бир үйдү бага турган баатырмын дебейсиңби? Азамат! Бөбөктөрүңчү, бөбөктөрүң кайда??
– Алар бала бакчада.
– Оп баракелде! Анда сен жалгыз турбайсыңбы ээ? Жалгыздыктан коркпойсуңбу, деги?
– Эмнеден коркот элем? – деди бала эрдемсий.
– Ким билет? Балким, мастан кемпир, желмогуз дегендер келип калаар.
Бала ишенбегенсип быш этип күлүп койду.
– Алар деген жомок да. Чыныгы жашоодо болбойт андайлар.
– А сен кайдан билесиң алардын болоор-болбосун?
Мастан чынында баланын айтканына капа боло түштү. «Мына мен турбаймбы» деп жибере жаздады аз жерден.
– Мына бул китепте алардын баары жомок деп жазылып турат, – деди бала. Мастан мындай жоопту күтпөсө керек. Аз жерден тура кала жаздады. «Катыгүн бул бала мен тууралуу окуп аткан го. Кокус мени таанып калып кишилерге кармап берип койсо кантем?» деп чочулады ал.
– Эмне жазылып турат? Кантип жазылыптыр? – деди ал араңдан зорго карманып. Ошол эле маалда акырын этек башын кымырып, качканга даярдана баштады. Ал тургай «бул шүмшүк бала жөн эле амалданып атат окшойт. Жардамчылары да болсо керек балким» деп эки жагын сактана каранды. Бирок, анын баарын кичине бала байкаган жок. Ал колундагы китебин ачып кемпирге карата сунду.
– Мына, муну окусаңыз. Бул жерде мастан кемпир тууралуу жазылган. А бул болсо анын сүрөтү.

Кемпир бала сунган китепти аярлай кармап ичин карады. Мурду ийрейе салаңдаган, тиштери оркойгон, кандайдыр бир шыпыргы минип алып асманда учуп жүргөн кемпирдин сүрөтү туруптур ачылган бетте.
– Бул кайдагы неме? Мен муну тааныбайм, – деди кемпир жанында турган баланы унутуп калгансып.
– Тааныбайм, дейсизби? Ой апаке, бул жөн эле сүрөт да. Аны кайдан таанымак элеңиз? – деп кытылдай күлдү бала.
– Ошо да. Бирок, ал мага, ой тиги мастанга такыр окшобойт.
Кемпир эми тигинин тааныбаганын билип бир аз жүрөгү тынчтангансыды. Бирок, ошол эле маалда өзүн кайдагы бир сапсыйган немеге окшоштуруп койгонуна таарына түшкөндөй болду. Ичинен кыжыры кайнап «мастан десе эле түрү суук кемпирди ойлошот. Мен деле убагымда жапжаш, супсулуу келин болгом» деп ойлонду. Баса, балдар мен силерге айтпай калган турбаймбы. Көрсө биздин мастан канчалык мастан болгону менен, ал деле өзүнчө жагымдуу болгусу келип, керек болсо өзүн бир укмуштуудай сулуу сезип жүрчү. Бирок, ошол эле маалда ал дегеле күзгүгө каранып да көргөн эмес. Ошондуктан, өзүнүн өңү так ошол сүрөттөгү кемирге окшобосо да, андан кем калышпай турганын билген жок. Тек гана сүрөтчүгөбү, же жалпы адамдаргабы, айтор кимдир бирөөгө капа болуп, таарынып калды.
– А сиз аны билесизби? – деди бала таң кала. Ага негизи кемпирдин таарынычынан да, кудум өзүнүн жомок китебиндеги мастан кемпирди тааныгандай сүйлөгөнү кызык болду.
– Кимди, мастандыбы?
– Ии, мастан кемпирди билесизби?
– Билбегенде эмне… Аз жерден «ал мына менмин» деп дагы айтып жибере жаздады. Тим эле тилинин учуна келип токтоду. Бул жерге эмнеге келип отурганын, азыр негизги максаты баланы чочутпаш керек экенин эстеди. Бала болсо ага ишенбегенсип, ого бетер такый берди.
– Билсеңиз кана айтыңызчы? Ал кандай болот?
– Ммм, албы? Ал деген… ал деген… Мастан эми кантип кепти улашты билбей мукактанды.
– Мына көрдүңүзбү билбейсиз, – деп жарылдап жиберди бала. Мастан айласы жок макулдугун билгизип кутулду.
– Макул, мен билбейт экемин. Анда сен айтчы ал кандай болот?
– Мастанбы, мастан деген, мына мен азыр окуп берем.
Бала ушунтти да китебин барактап бир нерсени издей баштады. Бир маалда тапты окшойт, жарылдап окуп кирди.
– Мына угуп туруңуз. Илгери, илгери алыскы токойдун ичинде мастан кемпир жашаптыр. Анын тооктукундай буту бар жепирейген үйү болгон экен. Ошол буту менен мастан кемпир үйүн каалаган жагына бастырып кетчү имиш. Баса, ал кемпирдин бир мышыгы жана бир шыпыргысы да болуптур. Ал шыпыргысын минип алып алыс жактарга учуп, тамак издеп келчү…
Мастан кемпир ушул жерден күлүп жиберди. Ал бала окуп баштагандан бери эле күлкүсүн баса албай отурган.
– «Тооктукундай буту бар үй» дегенин карап кой. Менин үйүмдүн канаты бар, канаты. А учуш үчүн шыпыргынын кереги жок. Сыйкырдуу суудан ичип алган соң каалаганыңды кармап учканга болот.

Мастан чынында өзүмчө эле ойлонуп атам го деген. Адамдар өзү тууралуу такыр туура эмес айтып жүрүшкөнүн угуп бир туруп күлкүсү келип, бир туруп ачуусу келип жаткан болчу. А ачуусу келгенде баары эле ушунтип сүйлөнө баштайт эмеспи. Мастан кемпир да байкабай сүйлөнүп алды. Балким, ал дагы көп нерсе айтмак болуш керек. Бирок, бала анын кебин бөлүп кетти.
– Сыйкырдуу суу менен учканга болот дейсизби, апа?
Кемпир баланы жаңы көрүп аткансып бир саам таңыркай карады. Бечара, ойго ушунча берилип кеткендиктен кайда турганын да унутуп калыптыр. Бир аздан кийин кана эсине келди да эмне дээрин билбей кайсалап калды.
– Я кокуй! Караңгүн капсалаң! Мен эмне деп дөөрүп атам. Кайдагы учкан суу балам? Карыганда адам дөөрүп калат тура, – деп ал кепти башкага бура баштады. Бала эми ага боору ооруй карады. Бир маалда ал,
– Астыңызга сыз өтүп кетти го. Мен үйдөн талпак алып чыга калайынчы, – деди да колундагы китебин кемпирдин жанына койо салып чуркап кетти. Кемпирдин жообун деле уккан жок. Мастан аны кетирбей кармап калайын деди эле, бирок тигил шуу койгон бойдон карматпай кетти. Кемпир эми эмне кылаарын билбей эки жагын элеңдей каранды. Тигине көчөнүн ылдый жагында бир киши келетат. Балким, ал мунун атасыдыр. «Кой эртерээк кетейин» деди ал. Аңгыча анын көзү тиги бала таштап кеткен китепке илинди. Көз алдында ачылып турган баракты көрүп алгач чочуп кетти. «Шумдугуң кургур!» деди ал күбүрөнүп. «Бул апакем турбайбы». Анан китепти шып ала коюп койнуна катты да, токойду карай шуу койду.

МАСТАН КЕМПИРДИН ҮЙҮ

Мастан кемпир дуңкулдап басып отуруп бир заматта үйүнө жетип барды. Эми анын үйүн силерге кантип айтып берем билбейм. Чынында балким мастан кемпир жаш кезинде жыйнактуу, таза, тыкан жашагандыр, анысын ким билсин. Бирок, азыркы абалын көрсөңөр эми бир укмуш. Картаң кемпир үйүнө киргенден кийин өзүнчө шердене калып ары-бери дүңкүлдөй басканда шыптан чаң куюлуп, жерден топурак көтөрүлдү. Көрсө апалар бекеринен үйдү такыр жыйнабаган, таза жашабай, жүдөп-какаган кыздарды мастан кемпир дешпейт тура. Же ошондой тазалыкты билбеген кыздар балким ушул мастан энесин тартып калгандыр… Ким билет, ким билет..
Кыскасы, мастандын үйү ушунчалык бытырап, чачылып жатыптыр. Тигил бурчта ичиндеги күл оозунан сапырылып төгүлүп турган чоң кара меш, анын үстүндөгү казанда кап ортосунан болуп челкилдеген сорпо турат. Сорпо ушунчалык көп болгондуктан бул кемпир аны эки жарым айда араң түгөткүдөй. Балким, ал ушунтип бир казан тамак жасап коюп, жарым жыл ичип жашай береттир.
Тфу, бетиң кургур!.. Айтпадым беле… Карагылачы тигинде турган желени. Тим эле самсаалайт. Жок, силер жанагы кээ бир жалкоо кыздардын үйүнүн үстү желе болуп кетет го. Ошондойду көрүп ушунча жийиркенип атабы деп таң калбагыла. Албетте, ал деле жакшы көрүнүш эмес дегилечи. Бирок, мен бул мастандын тиги капталда турган текчесин айтып атам. Анда кемпирдин идиш аягы, кандайдыр бир суюктуктар куюлган шишелери турган экен. Жанагы мен айткан самсаалаган желелер так ошол идиш аяктарды ушунчалык ороп калыптыр. Пай-пай –пай! Эми андан бир чыны, же бир кашык алыш үчүн жөргөмүштөр менен бир айдай согушуш керек окшойт… Ооба, ошол идиш аяктан тартып үйдүн берки капталында турган көрөн-шөрөнгө (чынын айтайын ал жерде эмнелер турганын көрө албаганым үчүн көрөн-шөрөн деп айтууга туура келди. Болбосо силерге бүт баарын санап деле бермекмин) чейин чырмалышып, оролушуп калыптыр. Үйдүн ушунча болгонуна караганда бул үйгө жөргөмүштөр биротоло өздөрүнүн падышачылыгын орнотуп алышкандай.
Бирок, кемпир аларга көңүл буруп да койгон жок. Мына кызык деген ушул. Ал көңүл бурмак тургай так ошол каршы-терши желелеп турган керебетке барды да, бир саам отуруп эс ала кетти. Андан кийин казанга барып кырында турган чоң жыгач чөөгүн менен толтура сузуп алып шыпкай ичти да, самсаалаган жеңи менен оозун аарчып кайра керебетине барды. Ансыз да кычырап араң турган керебетке шак секирип чыгып оркойгон тизелерин бооруна басып, бүрүшө отурду. Анан жанагы ала келген китебин куржунунан сууруп чыгып, барактай баштады. Ар бир бетин бирден карап, сүрөттөрүнө үңүлүп, ал тургай колу менен чукуп көргүсү келгенсип тырмалап да коюп жатты.

Албетте, кээ бир беттеги сүрөттөрдү такыр эле тааныган жок. Андайларга убакытын да короткусу келбегендей бат-бат эле өтүп кетти. А кээ бир сүрөттөргө болсо тим эле үзүлүп түшүп карап жатты. Мына, дагы бир бетин ачты. Ой, шумдуук, бул аябай жакын таанышы болсо керек. Ооба, айтпадым беле. Мастан кемпир ордунан тура калып, тээ тиги кепесинин тешигинен сызылып түшүп турган шоолага салып бир топко карады.
– Ошол. Так ошонун өзү турбайбы. Алда катыгүн энекем ай, энекем! Деги сен ушундай белең? Энелик мээримиңе тойбой калдым го чиркин… – деп кейип-кепчип жиберди бир маалда ал. Акыры, сагынычы күч алып чыдабай кеттиби ким билсин, көрүп аткан сүрөтүн өпкүлөп да жиберди.
Кыскасы, мастан кемпир жомок китепти көпкө чейин карап отурду. Бирде ыйлап, бирде күлүп отуруп көрдү баарын. А баса жанагы өлбөс Кощейдин сүрөтүн көргөндө боору эзилгиче күлдү го чиркин.
– Бу байкуш баягы Кошой го. Боорум ай, боорум! Убагында ушундай күчтүү, ушундай кыйын неме эле, эми муну минтип тыртайтып тартып койгонун карачы. Шуңшуйган башы менен көпкөк болгон көздөрүн эле окшоштуруптур. Калганы дегеле ага окшобойт. Өзү көрсө ачууланып жатып калмак. Ансыз деле ачуусу чукул неме эле.
Ушунтип жыргап отуруп эле бир маалда бышактап ыйлай баштады. Ооба, так ошол Кощейдин сүрөтүн карап отуруп бир топко ыйлады.
Кыскасы, ошентип отуруп түн да кирди. Мастан кемпир жатаарында казандагы сорподон дагы бир чөөгүн жутту да, жанагы керебетине барып бүрүшүп жатты.
«Эми кандай кылсам?» деп ойлонду ал. «Бул китепте көп нерсе бар экен. Баарыбыз тууралуу айтылыптыр. Алты баштуу ажыдаар бар экен. Ыраматылык Кощей досум бар экен. Көк дөө бар экен. Сыйкырчы Сумакардын учкан килеми бар экен. Керек болсо менин энемдин да сүрөтүн тартышыптыр. Ал кургур жапжаш кезинде кете берди. Каардуу Каргал ага Эр Төштүктүн алтын өгөөсүн алып кел деди эле. Ошону менен кайтпай калбадыбы. Эмне болду, кайда кетти, белгисиз»
Аны ойлогондо көзүнөн жашы куюлуп, дагы бир топко бышактады. Деги энесин сагынбаган, энесин ойлобогон жан болбойт тура чиркин…

МАСТАНДЫН ДИСКО-КЛУБУ

Ошону менен бир канча күн ойго батып, санааркап жүрө берди. Улам баягы китепти ачып барактап койот. Караганда эмне, же окуганды билбесе, же сүрөттөрдү сыйкырлап жибере албаса. Ооба, ал сүрөттөрдү сыйкырлап сүйлөткөндү да билчү эмес. Мындайды илгери-илгери бир сыйкырчы чал билчү. Ошол үйрөтөйүн дегенде жалкоолонуп барбай койгон. Кап ошондо үйрөнүп алганда эмне… Айла жок, китеп окуганды билген бирөөнү табыш керек. Бирок, кептин баары ушунда… Буга окшогон мастан кемпирлер, желмогуздар, жез тумшуктар, ал тургай сыйкырчылар бүт бойдон окуганды билишчү эмес. Деги, алар убагында «Бизге окуунун кереги эмне? Биз китеп окубай эле жашайбыз» деп мактанышчу. Китеп окубаган, тамга тааныбаган кандай жаман экенин кийин билишти. Адам баласы жалаң ошол окуунун арты менен эч бир сыйкырчы жетпеген ийгиликтерди жаратып, айга уча баштаганда, бул сыйкырчы-мастандар эски чириген кепелеринен чыга албай отуруп калышты. Акыры ичтери күйүп, көрө албай баратканда ар кимге барып шыбырап «Окубагыла. Окуунун эмне кереги бар силерге» деп азгырчу болуп алышты. Эми антип азгыруу, көрүнбөй барып кулагына шыбырап кетүү алардын колунан келет эмеспи. Азыркы учурда алардын колунан башка эмне келмек эле… Айтмакчы, арабызда кээ бир китеп окубаган, ал тургай дегеле китеп кармагысы келбеген балдар бар эмеспи. Балким ошол балдар так ушул сыйкырчылардын, мастан кемпирлердин шыбыраганына аябай ишенип алышса керек. Мейли эми, ишенип жүрө беришсин. А биз аларды мындай койо туруп өзүбүздүн мастандын баянын улайлы.
Ооба, мастан кемпир ошентип бир канча күн үйүндө отурду. Балким, жети баштуу желмогуз энесинин сүрөтү болбогондо ал бул китепти эчак өрттөп жоготмок. Бирок, тээ бала кезинде жетим калган күндөн бери унута албай жүргөн энесинин сүрөтүн көргөндө кадимкидей китепке арбалып калды. «Эмне деп жазылды экен? Энем тууралуу тагыраак маалыматтар бар болду бекен?» деп ойлонуп жатты ал. «Балким ал дагы эле тирүүдүр. Балким, ал дагы мени издеп жүргөндүр…» Ошентип ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, акыры китепти бирөөгө окутмай болду. Бирок, кимге, качан окутушту билбей эси ооду. Акыры, мунун жообун таппай дагы бир канча күн санаага батты. «Ким окуп берет мага? Кайсы шайтанга барам?»

Аны ойлоду, муну ойлоду. Көпкө башы катты. Бир күнү ал капыстан китепти карап отуруп баягы шыпыргы минген кемпирдин сүрөтүнө көзү илинди. Дароо жини келип, ызалана түштү. «Ушуну мага окшоштурушат тура. Мен ушундаймынбы?» деп жинденди алгач. «Жанагы баланын да «мына мастан ушул» деп айтып турганын карабайсыңбы. Деги ага эмне көргөзсө ишене берет окшойт». Аңгыча, анын көз алдына ишенчээк баланын элеси тартылды. Анын өзүн аяп чуркап келгенин, алдына талпак салып берем деп үйүнө кирип кеткенин элестетти. «Ой!» деп сүйүнүп кетти бир маалда ал. «А эмнеге так ошол баланын өзүнө окутпайм? Аны эптеп уурдап келсем мага тим эле баарын окуп бербейби». Ушуну ойлогондон кийин алкубанганынан тим эле так секире бийлеп жиберди. Ой-бай ооой. Биз аны жөн эле карыган кемпир деп атыптырбыз. Бийлегенин көрсөңөр эми бир укмуш. Өзү айткандай тооктукундай буту жок, бирок канаты бар үйү тим эле өзү менен кошо секирип, ордунан бир карыштай көтөрүлүп кайра түшүп жатты. Ал эми баягы үйдү басып алды го деген жөргөмүштөр кемпирдин жин тийген немедей так секире баштаганын көргөндө, корккондорунан тарбалаңдап желелерин жыйнап, ийреңдеген буттарына ороп-ороп, түйүп алып качып жөнөштү. Кудум эле кинолордогу кеменин жиптерин орогон суучулдардай ары-бери тызылдап чуркап жүрүп бүтүндөй желесин жыйнап кетишти. Мына, эми желеден арылганда гана үйдүн ичи бир аз тазаргансып, кайсы жерде эмне турганы көрүнө баштады. Ушундан пайдаландыбы, же жөн эле кубанычынан болдубу, айтор мастан кемпир бир маалда жанагы көрөн-шөрөн турат деген жерге барды да, кандайдыр бир чоң балыктын бүтүндөй сөөгүн сууруп чыкты. Шумдугуң кургур, бул чоңдугу бир кулач келген балыктын сөөгүн эмнеге катып жүргөн десе, өнөрдүн баары ушунда жаткан тура. Кайран кемпир, балыктын сөөгүн башынан кармай калып куйругун жерге такай койду да, кылкандарын каңгырата чертип күү чыгара баштады. Анан өзү кошо созолоно ырдап, улам-улам добулбас кагып аткансып үйдүн таманын дүп-дүп эткизе тепкилеп кирди. Кокус ошол маалда силер да болгонуңарда үйдүн ичи кадимкидей диско-клубка айланып кеткенин көрөт элеңер. Ал тургай аны сыртынан көрсөңөр деле так ошондой сезимге кабылмаксыңар. Элестетсеңер, эки капталында эки канаты бар үй кулап кетчүдөй улам бир капталына ооп барып түзөлүп, улам-улам бир кулачтай көккө көтөрүлүп барып кайра түшүп турганын. А ичинде болсо кудум миңдеген кишилер жер тепкилеп бийлеп аткансып дүп-дүп деген үн тынбай дүбүрөп турат. Комуз десең комуз эмес, гитара десең гитара эмес бир укмуштай үн каңгырап угулуп, казан-аяк калдырап, ар кай жерде илинген сөөк-саактар шалдырап, эски такатайлар чыйк-чыйк этип чыйкылдап кошолонду да калды.
Ошентип кечке жуук башталган шаан-шөкөт асмандагы толгон ай мастандын үйүнүн төбөсүнө келгенге чейин уланды. Баса, ал эмнеге келди дейсиңер ал жерге? Өзүңөр билгендей айдын бетинде эки чака сууну баканга илип көтөргөн айдай сулуу кыз бар эмеспи. Так ошол кыз кемпирдин даңка-дүңкүн угуп, кызыгып караганы келген тура. Бир топко карап отурду ал. Түнкүсүн силер парданы тартпай уктап калганыңарда терезеңерден суктана карагандай көпкө карады. Айтмакчы, балдар, терезеңерди жаап уктагыла. Болбосо, айдагы кыз силердин төшөгүңөрдү тээп салып, тартайып жатканыңарды көрсө шылдыңдайт. Уят эмеспи, туурабы…

**

Эртеси мастан кемпир адатынча чүмкөнө кийинип алып бөкчөңдөй басып баягы бир таман жолго түшүп шаарды карай жөнөдү. Колуна токойдон терип алдыбы, же үйүнөн таап алдыбы, кыскасы кыпкызыл алмадан бирди кармап алган. Баса, жана үйүнөн чыгаарда аны кандайдыр бир суу менен жууп, сыйкырлап аткандай болду эле. Бул шүмшүк илгеркидей алмасын уулап алды бекен? Деги көрөлүчү азыр…
Тигине, утур-утур алды-артын каранып коюп, кадамын майда-майда таштап тыпылдап басып келетат. Куу мастан бат эле баягы баланын кошунасынын үйүнө да жете келди. Алгач, алысыраактан мойнун созуп, акмалай карады. Кудай жалгап баягы болпогой дал ошол күнкүдөй эшигинин алдында, дубалдын көлөкөсүндө китеп окуп отуруптур. «Окумуштуум менин» деп кудуңдап сүйүндү мастан. Кызык, мастан кемпир буга чейин балдарды көргөндө такыр мынчалык сүйүнчү эмес. Бирок, бүгүн минтип ажары чыга жаркылдап кубанып турганы кызык эле көрүнүш болду.
Анткени менен ал балага шыр эле жетип бара алган жок. Балким ал муну ууру тутуп, сакчыларга кармап берсе кантет? (Кемпир бул жерде сакчылар деп милицияны айтып атат. Бечера, милиция дегенди билбесе кантсин?..) Айтмакчы, сакчылар эсине келгенде аз жерден кайра кайтып кете жаздады. Бир канча убакыт ыргылжың болуп турган соң, акыры барып анткорлонуп учурашып көрмөй болду. Чынында, мастан кемпирге ишеним берген тигил балакайдын байоолугу болчу. Ооба, буга чейин далай нерсе башынан өткөн кемпир, адамдардын кыял-жоругун көзүнөн эле билгенди укмуш өздөштүргөн. Айрыкча, ак көңүл, ишенчээк жана боорукер адамдарды жазбай тааныыр эле. «Ак көңүлдөр шектенбейт, аңкоолорго сөз жетпейт» деген ырды бул бекеринен ырдап жүрчү эмес да.

Ошентип баланын тушуна келгенде баягыдай эле анткорлоно жөтөлүп, күйүккөн киши болуп кышылдап туруп калды. Кайран бала бул кемпирди унута элек экен. Үнүнөн эле тааныды. Дароо ордунан тура калып алдынан тосо чыкты.
– Жакшысызбы, чоң эне? – деди ал жадырай күлүп. Түрүндө эч кандай деле жаман көрүү байкалбайт. Ал тургай кудум сагынып калган немедей тосуп алганын карасаң.
– Жакшы, айланайын. Жакшы. Өзүң жакшысыңбы, каралдым? – деди мастан ого бетер жойпуланып,
– Жакшымын чоң эне. Эмне белиңиз ооруп турабы? Балким бир аз тыныгып алаарсыз.
– Макул балам. Тыныкса тыныгайын. Үйдө ким бар? – деди кемпир адатынча саксынып.
– Эч ким жок. Атамдар жумушта. Бөбөгүм болсо бала бакчадан келе элек. Жароокер бала кемпирге шайдоот жооп бергенче колунан жетелеп келип өзү отурган орундукка отургузду. Андан кийин күнөөлүүдөй башын шылкыйтып – өткөндө талпак алып келем деп үйгө кирсем мешке койгон сүтүм кайнап, төгүлүп атыптыр. Аны алып, мештин үстүн тазалап койом деп атып кармалып калдым. Анан кайра чыксам сиз да кетип калыптырсыз. Таарынып кеттиңиз го деп жаман болдум.
Кемпирге бул сөз жага бербей калды тим эле. «Ап бали! Ушундай экениңди билгем да, билгем» деп кымыңдады ичинен. Бирок, анысын сыртынан билгизбей өзүнчө каадалана сүйлөндү.
– Аа балам. Ойноок бала ойноп кетти го деп баса бербедимби. Мейли, эч нерсе эмес.
Ошентип экөө бир саам кобурашып отуруп калышты. Элпек бала кой-айга келбей дагы тызылдап чуркап кирип бир чөйчөк толо жарма көтөрүп чыкты. Дайыма эски, муздак тамак ичкен кемпирге анын даамы аябай жакты. Тим эле ырахаттанып, тамшанып отуруп ичти.
– Э балам, – деди бир маалда. – Өткөндөгү китебиң эмне болду?
– Аа албы? – дагы шылкыя сүйлөдү бала. – Ошол күнү сиз кетип калгандан кийин, нары-бери карап жүрүп аны унутуп калыпмын. Бир маалда эстеп алып койоун деп таппай калдым. Кыязы, кимдир бирөө уурдап кеткен окшойт.
– Кап! – деп анткорлоно шыпшынды кемпир. Эми ичинен жымыңдап атканын баарыңар эле билип турсаңар керек. – Мейли эми китеп табылаар. Баса, карачы мен сага эмне алып келдим. Кечээ небереме деп сатып алдым эле. Азыр карасам баштыгымдын түбүндө жүрүптүр. Сага буюрган тура. Ме гой, балам!
Бала кемпир сунган алманы алып, рахмат айтты. Бирок, мастан ойлогондой дароо кемире тиштеп, жеп жиберген жок. Колуна кармаган бойдон үйгө кирди да, бир сыйра жууп, бир табак, бир бычак көтөрүп кайра келди. Анан алманы аарчып, майдалап, бөлө баштады.
– Э балам, аарчыбай жеш керек эле. Э балам, – деп алаңдап жиберди кемпир. Бирок, андан ары айтаар кебин таппай калды. Бала болсо «азыр апа, азыр» деп коюп тез эле алманы аарчый салды да, кабыгын нары жакта жүргөн тоокторду карай ыргытып жиберип, өзү тазаланган алмадан бир кесип кемпирге сунду.
– Чоң эне, атам мени кандай тамак болсо да улууларга биринчи ооз тийгизип жүр деген. А сиздей чоң энелерге болсо алманын кабыгын аарчып бербесе, чайнай албай каласыңар. Айылдагы таянем дагы дайыма аарчып жейт, – деди ал.

Мастан эмне деп айтаарын билбей эрдин тиштенип отуруп калды. Себеби, ал эптеп баланы уктатып туруп көтөрүп кетейин деп алманын сыртына өзүнүн уу-дарысынан шыбап койгон эле. Мына эми анысы да текке кетти. Айтмакчы, тигине алманын кабыгын бир-эки чокуган тооктор, чекеден тырайып кулап, уйкуга кете башташыптыр.
Кемпир эми кантип амалданышты билбей отуруп калды. Бала болсо эч нерседен бейкапар наркы-беркини кожурап отурат. «Эми кандай кылам?» деп аргасы куруй баштады мастандын. «Күнүгө эле бала жалгыз кала бербеши да мүмкүн. Балким кошуна-колоң шекшип калса эмне болот?» Ошентип мастандын такыр эле шаштысы кетти. Акыры ал баланы алып кетиш үчүн өтө опурталдуу ыкмасын колдонмой болду. Чынында, бул ыкмасын канчалаган жылдан бери бир да кишиге жасай элек болчу. Себеби, аны колдонгондон кийин, бул жерге экинчи кайтып келүүгө мүмкүндүк болмок эмес. Эмесе, көп эле табышмактата бербей, башынан айтып берейин.
Жогоруда айтылгандай адамзат өнүгүп, илим-билимдүү болуп калгандан кийин буларга жашоо аябай кыйындады. Ал тургай, элдин ушунча акылдуу, ынтымактуу болуп кеткенинен улам, далай сыйкырчылар, желмогуздар, дөөлөр, ажыдаарлар жок болду. Ошондон улам жомок каармандары мындан нары токойдон чыкпай гана жашамай болду. Ал эми булардын башчысы Каардуу Каргалдын кичүү кызы Жезтумшук сулуу токойго башчы болгондон бери баардык жомок каармандарын, дөөлөрдү, сыйкырчыларды жана жин-перилерди адамдарга такыр жолобогула жана сыйкыр колдонбогула деген буйрук чыгарды. Чынында, анын да айтканынын жөнү бар болчу. Себеби, кимдир бирөө эле сыйкырчылык кылып жиберсе, же кайсы бир жомоктун каарманы өзүнүн чынында бар экенин билгизип, адамдар менен байланыш куруп ийсе, анда ал дүйнө жүзүнө дүң болмок дагы, адамдар баардык жомок каармандарын издей баштамак. Ал эми жеринен адамдарды жаман көргөн жомок элине бул такыр жакпаган көрүнүш болчу. Мына, Жез тумшук сулуу ушундан улам аябай катуу буйрук берип, сыйкыр колдонууга тыюу салган. Бирок, бүгүн минтип биздин Мастан кемпир, тээ бала кезинен бери издеп жүргөн энесин издөө максатында ошол мыйзамды бузганы турат…

Эч нерсе менен иши жок болпогой бала берилип алып кемпирге бир нерселерди айтып, алмасын улам кесип жеп отурганда мастан оозун бат-баттан кыбыратып, күбүрөнүп-шыбыранып кайдагы бир сыйкырын окуй баштады. Ал улам барган сайын үнүн катуураак чыгарып, бир сөзүн кайталай берди. Көзү болсо чанагынан чыгып кетчүдөй акшырайып балага кадалып кадыптыр. Ийрейген тумшугу мурдагыдан да ийрейип, кудум бүркүттүн тумшугундай шитейип баратты. Жанатан тыптынч турган айланада акырындап шамал, башталып, кайдан-жайдан чогулган булуттар асманды түнөрүп каптай баштады. Тигиндейрээкте турган күчүктүн уясынан башталган куюн ызгыттай чимирилип келип кемпирдин башындагы жоолугун учуруп кетти эле, анын куудай чачы туш тарапка саксайып чыга келди. Бала айланады болуп жаткандарды ошондо гана байкады. Бирок, баары кеч болуп калган эле. Терезелер шамалга туруштук бере албай шарактап сынып, дарбазалар карсылдап ачылып-жабылды. Түнөргөн булуттан чагылган чартылдап, асман даңка-дүңк добуштарга толду. Көз алдындагы коркунучка, айрыкча кемпирдин чакчайган көзүнө арбалып калган бала колундагы бычагы түшүп, былк эте албай отурду. Мастан кемпирдин жанагы шыбыраганы уламдан-улам күч алып отуруп аягында кадимкидей жарылдаган кыйкырыкка айланды.
– Брахман, крахман дуба дуб,
Шамал айдап, жамгыр жууп,
Ыпыр-сыпыр чаңга айлан,
Чимирилте куюн кууп!
Бул үн бара-бара шамалга айланып, уулдап-дуулдап баратты. Ал үн керек болсо ошол аймактагы бүткүл адамдарга угулду. Электр жарыгы чартылдап өчүп, бак-дарактар жыгылды. Авто унаалардын түрдүү-түстүү чырылдаган үндөрү туштуштан жаңырды. А шамал болсо барган сайын күч алып улуп кирди. Аңгыча эки там нарыраактан капкара куюн көтөрүлүп чыкты да, так эле мастан менен бала турган жакты көздөй жылып келе баштады. Кемпир болсо жанагысын ого бетер күчөп кыйкыра берди.
– Брахман, крахман дуба дуб,
Шамал айдап, жамгыр жууп,
Ыпыр-сыпыр чаңга айлан,
Чимирилте куюн кууп!

Акыры куюн жылып отуруп буларга жетти да, экөөнү ортосуна алып бир сыйра ороп кеткендей болду. Ошону менен баары токтолду. Тим эле эч нерсе болбогонсуп шамал тып басылып, айлана жымжырттыкка бөлөндү. Жанагы куюн болсо дароо токтоп, чымылдатып учуруп жүргөн чаң тозоңун шашпай гана жерге уюлгутуп таштап койду. Бир гана өзгөрүү, эне-баладай кыналышып отурган кемпир менен бала бир заматта кайда кеткени белгисиз көздөн кайым болушту.
Тегерек четтеги колу-коңшу үйлөрүнөн чуркап чыгып, бири-бирин карап эле туруп калышты. Мындай жорукту алар үч уктаса түшүндө көрбөсө керек. Кудум болуп жаткандын баарын жалгыз өзү гана көргөнсүп бири-бирине чуркап келип, биринен сала бири шашмалап айта башташты. Ал тургай араларында таптакыр болбогон нерсени болду кылып кошо баштагандар да болду.
– Жанагы учуучу табак деген немени өз көзүм менен көрдүм, – деди андайлардын бирөөсү. – так эле менин үйүмдүн үстүндө беш мүнөттөй калкып турду. Кадимкидей көрдүм, Кудай урсун!
А экинчиси болсо андан ашып түшүп апыртты.
– Эй кайдагы табакты айтасың? Жанагы телевизордон күнүгө айтып аткан үчүнчү күчтөр деген келди. Мен өз көзүм менен көрдүм го. Кадимкидей эле каптап келишти алар.

Бирок алардын бирөө да бала менен кемпир тууралуу ойлогон жок. Качан гана баланын кошунасы, таң эртеден бери үйүнүн чатырын оңдоп жүргөн Керимбай чыгып жин тийген немедей кыйкыра баштаганда баары аны карап элейип калышты. Көрсө Керимбай бечера тамдын үстүндө иштеп атып шамалдын башталганын байкабай калыптыр. Качан ал күч алып отуруп учуруп кете турган болгондо, алдындагы чатырдын устунун бекем кучактаган бойдон жабышып отуруп араң тирүү калган экен. Бирок, ошол убакта ал тигинде алайып отурган бала менен барган сайын чачы саксайып, барган сайын коркунучтуу болуп бараткан кемпирден көзүн албай, баарын көрүптүр. Ал турагй аларды кантип куюн каптап кеткенин, жана куюн тарап кеткенде экөө тең көздөн кайым болгонун да көрүптүр.
– Шумдугуң кургур, мен ал кемпирди жана өйдө жактан келетканда эле көргөм, – деп жарылдап жатты Керимбай. – Жанагы жомоктогу мастан кемпирдин эле өзү болчу. Бирок, ким ойлоптур ушул заманда мастан болот деп? Ким ойлоптур? -деп башын кашыды ал. Бирок, кишилер ага деле ишене беришкен жок. Ишенмек тургай аны жинди болуп калдыбы деп коркуп, шектене карай башташты. А аялы болсо, акырын колунан тартып, алдап-соолап үйүнө жетелеп кетти. Нары баратканда чөнтөгүнөн телефонун сууруп чыгып доктур да чакырды окшойт. Же молдо чакыртып дуба окутмай болдубу, айтор бирөөлөрдү жардамга чакырды.
Кокус ошол күнү чын эле баягы бала жок болуп кетпегенде, Керимбайды түз эле жиндиканага алып баршымак болуш керек. Алгач ага такыр ишенбей, шектене карап аткандар, качан гана баланын такыр табылбай, жоголуп кеткенин билгенде гана анын сөзүнө баа берип, сурака ала башташты. Бирок, ал бечера мастан кемпир сыйкырлап алып кеткенин кайдан билсин. «Куюндан кийин жок болду» деди да калды. Башка эч нерсе айта алган жок.
Мастандын келишими

Бир заматта алай-дүлөй ызы-чуу болуп кеткендиктен бала эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Ал тургай ал коркконунан мастан кемпирди бекем кучактап алыптыр. Ушунун баарын так ошол кемпир кылып атканын кайдан билсин бечара? Көзүн тырыштыра жумуп, башын кемпирдин койнуна катып эле отуруп берди. Мастан болсо кылчусун кылып, сыйкырын салган соң, жанагы жерден куюнга аралаш көздөн кайым болуп, кайра көз ачып жумгуча үйүнөн пайда болду. Боорунда тигил бала дагы эле жабышып жүрөт. Болгондо да жанагы жерде экөө кандай отурган болсо, кемпирдин сапырылган кепесинде да так ошондой отуруп калышты.
– Тур нары! – деп кекээрлене сүйлөдү кемпир эми. Анын жана шаарда жүргөндөгү анча-мынча мээрими дароо жок боло түшүптүр. Дагы эле титиреп турган бала аны уккан жокпу, же түшүнгөн жокпу кыскасы болбой эле кучактап отура берди. Ошондо чыдамы кете түшкөн кемпир анын мойнуна ороло кучактаган колун чыгарып нары түртүп жиберди.
– Кечке жабышып аласың да какмар! Муунтуп өлтүрөсүңбү эмне?»- деп сүйлөнгөнчө бүкчүңдөп туруп кетти. Бечара бала ошондо гана көзүн ачып айланасын алаңдап карап калды. Бирок, ал дагы эле тигил мастандан үмүтү үзүлө элек экен.
– Чоң эне биз кайдабыз? Бул эмне болгон кепе? – деп тура калып кемпирден сурады.
– Чокуңа чоң энеминби сага? «Чйонн энйээ», «чйон энйээ» деп кууратты.
Мастан нары басып баратып оозун кемшиңдетип баланы шылдыңдай сүлйөдү да, казанындагы сорпосунан бир чоң сузуп ууртады. Анан салбыраган жеңи менен оозун аарчып туруп кайра бери бурулду. Ошондогу анын ырайымсыз жүзүн көрүп баланын жүрөгү оозуна кептеле түштү. Жана үйүнүн алдында турганда анын алайган көзүн, коңкойгон мурдун арсайган тиштерин көрбөптүр.
– Билип кой баатыр, бул жер сага кепе эмес! Сенин чоң энең болсо менин карааныма да тең келбейт.

Бала акырын эки жагын карап, качуунун айласын издей баштады. Бул түрү суук немеден эч жакшылык келбесин түшүндү окшойт. «Тигине эшик» деди ал. Кемпир нары бурулаары менен шып этип тура калып ошол эшикти карай шуу койду. Кудай жалгап кал! Кепенин оозу ачык туруптур. Шарак эттире ачып бир аттап секирип чыкты. Бирок, бул үй кандайдыр калгып турабы, же бир нерсеге кондуруп койгонбу, айтор жерден жарым кулачтай көтөрүлүп турат экен. Аз жерден кулап түшө жаздап барып секирип кетти. Баса, бала шарак ача бергенде кепе жерден ого бетер көтөрүлө түшкөндөй болду. Бирок, шашкалактаган неме ага көңүл бурган да жок. Кепеден ыргып чыгаары менен алдындагы жалгыз аяк жол менен энтигип чуркап жөнөдү. Улам бир бакты айланып өтүп чуркап баратты. Артын да, алдын да караган жок. Туш келди гана кете берди. Чуркап баратты, чуркап баратты. Аңгыча алдынан бир үй чыкты. Бирок, негедир шектүү көрүнөт. Эки жагында эки канаты бар, чатыры чуштуя жабылган, терезеси жок капкара үй экен. Анан калса бала чуркап бараткан жол дагы так ошол кепеге барып түгөнүп калыптыр. Бала эмне кылаарын билбей, элейип туруп калды.

Аңгыча анын эшиги кычырап барып кыңая ачылды да, оозунан жанагы кемпир көрүндү. Бала эми жүрөгү түшүп шарт артын карай бурулуп чуркады. Дагы бактарды айланып, карагайларды тегеренип далай чуркады. Мына, дагы бир дүпүйгөн теректен бурула берди да, көзү алая барып кайра токтоду. Алдыда баягы эле үй, баягы эле көрүнүш. Бул жолу кемпир анын келээрин эчак билгенсип эшигин аңырайта ачып коюп бөйрөгүн таянып, талтайып туруптур. Бала эми капталды көздөй чуркады. Эми жолу жок эле бадал-садалды аралап чуркады. Бирок бул жолку кездешүү жанагыдан да тез болду. Бир бадалдан чалынып-чулунуп чыга бергенде баягы үй менен баягы кемпир алдынан дагы тосуп чыкты. Мастан жанагы эле турушунда бөйрөгүн таянып туруптур. Жүзүндө болсо билинээр билинбес шылдыңдагандай жылмаюу турат. Бала кайра артка чуркады. Эми түз чуркабай ойкуп-кайкып чуркады. Бирок, дагы болбоду. Кемпир аны кепесинин оозунда кебелбей отуруп тосуп алды.
Кыскасы бала жүз жолу качты окшойт. Бирок баары бир айланып отуруп кайра эле кепеге келе берди. Мастан кемпир аны кубалап, же коркутуп да убара болгон жок. Ал унчукпай гана мисирейип отура берди.
Аягында бул чымылдап чуркай берген баладан тажады окшойт, бир секирип баланын жанына келди да желкеден апчый кармап сүйрөп жөнөдү. Баланын чырылдап-чыркыраганын да караган жок. Үйүнүн төркү жагында караңгы бөлмө бар экен. Ошонун эшигин ачып туруп ичине ыргытып салып, кайра жаап бекитип койду.
Ошондон баштап аны санаа басты. Түнү менен уктаган жок. «Адамдар мурдагыдай эмес. Токойду түрө кыдырып издешсе мени бат эле табышат. Асманга да уча албайсың. Ал жакта да адамдар чимириктей чимирилген канаты бар үйү менен учуп жүрүшөт. Деги эч кайда кача албайсың. Кайда барсаң адамдар, кайда барсаң адамдар» деп нааразылана сүйлөнүп жатты. Бир маалда «энекээ» деп боздоп ыйлады ал. «Энекээ, мени алып кетчи-и» деп буркурап ыйлады.
Ушул убакта наркы бөлмөдөгү бала да ыйлап отурду. Бирок, ал берки кемпирче нары-бери дүңкүлдөп баспай, бир бурчта гана тыгылып отурду. Керек болсо ыйлаганда да үнүн чыгарбай ыйлады. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы бөлмөдө бүрүшүп отуруп, акыры уктап да кетти.
Ошону менен бечара канча уктаганы белгисиз, бир маалда көзүн ачса оозгу бөлмөдөн кобур-собур үн чыгып атыптыр. Үйдүн ар кайсы жеринен да күн нуру түшүп, бөлмөнүн ичи жарык боло түшкөн экен. Бул жерде эркелеп бышактай турган энеси, же атасы жок экенин кечөө эле сезген неме үн чыгарбай акырын жылып келип тактай эшиктен сырттагы сүйлөшүп жаткандарды тыңшай баштады.
– Кайдагы жоголгон энеңди эстеп сен дагы кызык экенсиң, – деп кимдир бирөө колдурап сүйлөп жатты.
– Кайдагы эмес. Мен даана тааныдым. Мына ишенбесең карап көр. Мына!

Бала тактайлардын арасынан тешик таап шыкаалады. Ой-бай оой! Кадимки эле бою бир карыш, сакалы миң карыш эргежээл абышка экен. Мастан кемпир ага кечөөкү китебин ачып ичинен бир сүрөттү көргөзүп жатыптыр.
– Мына, бул менин энем. Негизи аны аябай башкача кылып тартып коюшуптур. Бирок, ошентсе да бул даана энем экенине ишенем. Себеби, ал мен бала кезде Каардуу Каргалдын тапшырмасы менен Эр Төштүктүн өгөөсүн алып келгени кеткен. Ошол бойдон келген жок. Мына сүрөттөгү өгөө, мына энемдин жети баштуу желмогузга айланганы. Мына бул болсо Эр төштүк менен анын акылдуу аты Чалкуйрук.
– Макул, макул дечи. Бирок, ошол өгөө Каргалдын колуна тийгенде, анда бүткүл дүйнөнү караңгылык каптамак. Ал канкор сыйкырдуу өгөөнүн жардамы менен жер бетинде өзүнүн түбөлүк бийлигин орнотоюн деген. Эр Төштүккө бул жагынан алганда миң мертебе ыраазычылык билдириш керек.
– Бирок, ал баары бир менин энемди кайдадыр бир жакка жоготуп салбадыбы. Ким билет эмне кылганын? Же өлүгүн таппадым, же тирүүсүн таппадым…
– Балким ал…
– Эмне балким? Эмне?
– Эми балким энеңди ал…
– Жок, жок Мытыкый. Ал менин энемди өлтүрө албайт. Себеби, анын жети жаны бар болчу. Энем кетээрде алты жанын өзү алып, жетинчи жанын Каргал алып калган. Кийин Өлбөс Кошой Каргалды биротоло жеңгенде, энемдин жанын мага берди. Ошол бойдон ал жаны менде турат.
Эргежээл бир саам ойлонуп калды.
– Деги, ушу силерди түшүнбөй койдум. Жети жан, алты жан дейсиң. Бир жаны менде деп койосуң кайра. Эми ал жаны сенде болсо эмне болуптур. Энеңдин сөөгү сөпөт болгондур эмгиче.
– Сөпөт болмоктон балакет болсо да табышым керек.
– Ээх! Бирок, сен бул токойдун тынчтыгын буздуң. Жалпы кеңешмеде тыюу салынган сыйкырды колдонбошуң керек эле. Эми азыр баары сага келишет дагы, сени жоопко тартышат.
– Мытыкый, өзүң айтчы. Сенин бала кезиңен бери көрбөй жүргөн энең табылганы турса, кандай кылат элең? Жезтумшук Сулуу келип башымды жулам десе да бул иштен кайра тартпайм.
– Акырын, акырын. Сулуу угуп калбасын. Тигине, тигинде Ак Куу айымын минип баатыр Бака да келип калды. Эми сабыр кыл. Эптеп бир айласын табалы.
Чын эле босогого мойнун койкоңдотуп бир ак куу учуп келип конду. Анын жонуна кадимки эле бака минип алыптыр.
– Оо, Мастан сени канчадан бери көрө элекмин. Мурдуң мурдагыдан да чуштуят, бир аз картая түшкөнсүң бейм, края-кря-кря, – деп чалкалай калып каткырып алды бака. Ак куу айымы да ага кошулгансып мойнун созуп аңылдады.
– Шумдук эми. Сендей сулуу мырзалар карабай койгон соң бат эле карып кеттик, баатыр Бака, – деп жооп кайтарды мастан. Бул жоопту угуп канжасын соруп отурган Мытыкый эргежээл аз жерден какап кете жаздады. Бака болсо күтүлбөгөн жоопко сөз таппай калган немедей экөөнү мостойо карап алып нары карап отуруп калды. Кыязы, өзүн укмуш сулуу сезгени менен тигилердин минтип какшыктай сүйлөгөнүнө арданып кетет окшойт. Ал жакшы эле ойлонуп алып жооп берейин деп атты эле, аңгыча тоңойдун ичи чаң тополоң түшүп, кандайдыр ачуу чарылдаган үн каптап келип басылды.
– Акырынбайбы! Бул кандай немелер! Качан болбосун чуулдатат да турат! Чуулдай турган замандын өткөнү качан. Сыртта жыйырма биринчи кылым! – деп ачуулана кыйкырды эргежээл Мытыкый.
– Мына ушундай карыганын билбеген чурулдактардын айынан тынчтыгыбыз бузулуп чогулуп отурабыз, – деди бака. Ал бул сөзү менен Мастан кемпирди да чымчып өттү. Себеби, так ушул мастандын тыюу салынган сыйкырды колдонуп жибергенинен улам ушул жерге чогулуп отурушпайбы.

Булар ушунтип кобуранып атканда сырткы эшик ачылып, жатыр-жултурга бөлөнгөн кыз кирип келди. Бирок, анын киргенинен да чыкканы бат болду.
– Өф-иий. Мынча сасыган жерге эмне тыгылып алгансыңар? Жок, жок, мен сыртта эле болом.
Ал ушинтти да жаңы эле артынан кирип келаткан кызды нары түртө салып тышка чыгып кетти.
– Иий, ушунуку өттү да чиркин! Бу жин-перилер качан эле жыттуу жерде жашашчу эле. Сулуусунат да турат. Атасы Арбагайга ант берип койгом да болбосо бул эркени кырк кызы менен эчак тартипке салмакмын, -деп ызалана кетти Мастан кемпир.
– Жөн кой Мастаке. Бул али жаш кыз да. Кечээ 13-кылымда эле төрөлбөдүбү. Дагы көп бар ага акыл-эс киргиче. Менин таң калганым башка. Бу жиндердин султаны Арбагай көз жумгандан бери, аялы Сумрат да көрүнбөй калды го, – деп кепке кошулду бака майрык.
– А сен аны билбейсиңби? Ал күйөөсү өлгөндөн кийин антты бузган кара жиндерге кошулуп кеткен. Жанагы көзү ачык, бүбү-бакшы дегендер менен табакташ болуп калган дешет.
– Ошондой бекен? Кап! Анда ак жиндер аны кармаса сазайын берет дебейсиңби.
– Албетте. Арбагай падыша жакшы жин болчу. Элин да түз жолдо кармачу, өзү да түз жүрчү. Бирок, катыны минтип бузулуп кетет деп ким ойлоптур. Эми ал кармалса сөзсүз Арбагайдын мыйзамы боюнча жазаланат.
– Ээхх. Жаман болуш бир паста деген ушул тура. Баса, тиги кызы деле ошол энесин тартабы дейм.
– Ким билет. Бу какмардын да жүрүшү бузук. Ким билет деги?
Мастан бир саам өзүнүн маселесин унуткансып шыпшынып отуруп калды. Сыртта болсо кыздардын шыңкылдап күлгөнү барган сайын күчөй баштады.
– Бул шарактаган жин перилер эми Жез тумшук Сулуу келмейин тыйылбайт. Адамдар угуп койот деп да ойлонбойт тура булар, – деп кыжынды Мастан.
– Чыда, чыда. Мына келээрине да аз калды.

Бала ушунун баарын эшиктин тешигинен шыкаалап карап отурду. Шарактаган жиндер келгенден кийин дагы канчалаган шумдуктар болду. Кемпирдин каалгасына бети араң баткан дөөнүн кичине баласы келди. Майрык баатырдын ак куусуна көзүн артып сукулдаган кыпкызыл түлкү келди. Оңду-солду кажынып сүйлөп ыркыраган карышкыр келди. Күшүлдөй басып ынтыгып аюу келди. Эскилиги жетип, жыртылайын деп калган өтүк кийип мышык келди. Бала аны көрүп аз жерден кыйкырып жардам сурап жибере жаздады. Себеби ал «өтүкчөн мышык» тууралуу көп эле мультфильм көргөн. Алардын баарында бул мышык тим эле ашынган баатыр, ченде жок айкөл эмеспи. Ошого тим эле жакын тууганын көргөндөй сүйүнүп кетти. Бирок, анын жанында ыркырап турган карышкырдан коркуп үн чыгара алган жок. Ошо унчукпаганы деле жакшы болуптур. Себеби, бул жакшы деп ойлогон өтүкчөн мышык өтө ачуулуу неме экен. Айрыкча аны «өтүкчөн мышык» десе ого бетер ачууланат тура. Бала муну куу түлкүнүн кебинен байкады.
– Охоо Өтүкчөн мышык кел, төргө өт, – деп шылдыңга алды эле тигил,
– Мен өтүкчөн мышык эмесмин. Мен деген кыргыз эл жомогундагы таргыл баатырымын (мунун атын табыш керек)! – деп айкырыкты салып, түлкүнү кууп калса болобу. Шумдугуң кур, ошондо анын баатырдыгы чындап белгилүү болду. Жанатан үйдө кыйын болуп аткан карышкыр, түлкү, аюу дегендин баары дыркырап качып берди го чиркин. Дагы жакшы, биздин мастан кемпир ажыратып калды. Болбосо бүт баарын кууп жоготмок окшойт. Мастан кемпир аны эптеп алдап-соолап отуруп жоошутуп, анан качанкы териден жасалган талпагын берип жылуу отургузганда гана калгандары тынчыды.

Мына так ушуну гана күтүп тургансып айлана бир саам тымтырс боло калды да, кепенин эшиги кулактын кужурун ала кычырай ачылып келип ичкери эки бүктөлгөн кемпир кимгедир нааразы болгондой өзүнчө кобуранып-собуранып кирип келди. Ал этек жеңи шалбыраган кара чапан кийип, бир колу менен бир дагы түз жери жок ийреңдеген купкуу таяк кармап алыптыр. Бир колу менен болсо жеңин кымыра кармап келип бетин жаап алган экен. Ал киргенде баары тең нестейе тартып, тымтырс болуп отуруп калышты. Ал тургай караңгы бөлмөдө жашынып отурган баланын да үрөйү учуп кетти. Анын көз алдына баягы китептерден окуган жез тумшук тууралуу коркунучтуу жомок дароо элестеди. Мергенчи очок боюнда от жагып отурса так эле ушундай бир колу менен жеңин кымтыган кемпир келип от жээгинен орун алат эмеспи. Ошондо мергенчи ага атып алган кийигинен бир кесим эт ыргытса тигил этти шып этип илип алып караңгы түнгө сиңип кетет деп айтылат. Жүзүн жапкан колу бир саам ачыла түшкөндөн анын жезтумшук экенин байкаган мергенчи, түнү менен аңдып жатып жезтумшукту өлтүрүптүр деп жазылган болчу ал китепте. Бирок, бул ошол жомоктогу жез тумшук болсо, анда жомокто туура эмес жазылган окшойт…
Бала ушуну ойлоп турганда жанагы кирген кемпир алда немеден шектенгендей эки жагын каранды да ызырына сүйлөдү.
– Бул жерде адамдын жыты жыттанат го я?!

Бөлмөдө отурган бою бир карыш, сакалы миң карыш эргежээл Мыртыкыйдан баштап, күркүрөгөн аюуга чейин коркконунан бүжүрөп кетенчиктей түштү. Ал тургай жанатан тополоң салып аткан Таргыл баатыр да көзүн жалдыратып бүрүшүп жатып берди. Ал эми Мастан кемпир болсо эмне дээрин билбей, кыйпылыктап калды. Баса, ал бирдеме деп сүйлөп да жибере жаздады окшойт. Балким, «мен бир баланы уурдап келип катып койдум эле» деп айтып да жибермек беле, ким билсин. Бирок, так ушул убакта наркы караңгы бурч жактан казан-аяк шарактап кулап, шагырап жайнап жатып калды. Ансыз да коркуп турган жомок каармандары чочуганынан бир сыйра дүрбөлөң түшүп, жашынаарга жер таппай калды. Бечара ак куу майрык түгөйүн унутуп далбактай учту эле, Бака баатыр кайда качаарын билбей, көзүн тостойтуп чалкасынан кулап түштү. А жанагы суйкайып сулуусунуп турган перинин кызы болсо бурчта үрпөйүп турган аюнун мойнуна бекем жабышып отуруп калды. Аюу бечара болсо көзүн бекем жумуп, лапыйган алаканы менен башын басып жатып калыптыр. Ачык турган эшиктен баягы дөөнүн кичүү баласы карап турду эле, ал өңгүрөп ыйлаган бойдон дүңкүлдөй чуркап качып кетти. Кыскасы, Жез тумшуктан башкасы бүт бойдон туш тарапка качабыз деп атып аз жерден мастан кемпирдин эски кепесин кулатып койо жаздашты. Эми ого бетер ачуусу келген Жез тумшук жанагы шарактаган жакты карап айкырып койо берди.
– Өлүп бараткансып казан-аякты аралап жүргөн кандай неме?!
Кепедегилердин баары турган орундарынан карыш жылбай, титиреп туруп беришти. Баары тең коркконунан көздөрүн жумуп алыптыр. Ал тургай кай бири сийип да жиберди окшойт. Тигине, кайран көк жал кашабанын алдынан сапсары суу бери карай шорголоп агып чыкты. Ушул ушунча коркуп аткан соң башкалар кантти дейсиңер? Айтпадым беле. Перинин кызы купкуу болуп эсинен танып кулап калды. Майрык бака болсо жанагы чалкасынан кеткен бойдон тура элек. Ал тургай сунулган буттарын да унутуп калган окшойт. Же өлүп калганбы? Айтор, кыймылсыз жатканы жаткан.
– Ким дейм казан аякты калдыраткан? – деп ого бетер чаңырды Жезтумшук.
Ушул кыйкырыктан кийин бир саам тымтырстык болду да кимдир бирөө ошол караңгы бурч тараптан улуп-уңшуп ыйлап жиберди.
– Жаагың сынгыр куу түлкү сенсиңби? Бери кел бул жерге! – деди жез тумшук.
Бечара түлкү ого бетер шолоктоп ыйлап, түпкүчтөй ийилип куушурулган бойдон кемпирдин алдына келди. Жез тумшук тигил жакындаары менен шап эткизе желкеден кармап жогору көтөрдү да,
– Өөөф ииий, сасыган өлүгүңдү көрөйүн. Тим эле киши болуп кеткени калгансың го. Баягы эле кекиртегиңдин айынан элдин короосуна чейин кирип жүргөн экенсиң да э. Ошо, ким эле адам жыттанып атат десе. Бар жогол! Экинчи көзүмө көрүнбө! – деп туруп калчылдап турган түлкүнү ачык турган эшиктен сыртты карай ыргытып жиберди. Бечара аман калганына сүйүндү окшойт, ошондон нары жылт эткен бойдон жок болду.
– Сасыган акмактар. Мен силерди адамга жолобогула деп канча айтам! – деп баарын зекиди жез тумшук. – Менин адамдарга бүтпөгөн кегим бар экенин унутуп калдыңарбы же? Апамды да, агамды да аң уулап жүргөн адамдар өлтүргөнүн билбейсиңерби?
Баары тең унчукпай угуп тура беришти. Жез тумшук аларды чай кайнамдай урушуп, жер жеберине жеткире тилдеди. Качан гана өзү чарчаганда бери жакта турган мастан кемпирдин сокусун оодара салып үстүнө отурду.
– Ии, мастан, сага эмне жетпей калды бул жалганда? Же өзүңдү мага тең санап, баш ийгиң келбей калдыбы? – деди ал бир аз ачуусу тарагансып. Бирок, анын какшыктай сүйлөгөнүндө дагы эле чоң коркунуч бар болчу.
– Жок, жок кокуй. Кайдагы тең санаган. Мен.. мен неме… мастан кемпир сүйлөөргө сөзүн таппай кайсалап калды.
– Эмне мен? Эмне мен?! Сен экениңди билип атам? Мен силерге сыйкырыңарды колдонбогула. Токойдон чыкпай, адамга жолобой тынч жашагыла деп айтпадым беле?! Же адамзат күч алып турганын, илгеркидей сыйкыр менен, алдамчылык менен аларды жеңүүгө болбой калганын унутуп койдуңбу? Азыр сенин айыңан канчабыз запкы жешибиз мүмкүн, ушуну эстедиңби? – деп күчөнө кыйкырды жез тумшук. Баса, ушул учурда Жез тумшук бетин ачып, так эле баланын маңдайында отургандыктан анын бети даана көрүндү. Шумугуң кур. Чын эле бети башы сапсары жездей жалтырап, көздөрү аткыйып, тиштери арсайып турат экен. Колундагы тырмактары дагы шамшар бычактай упузун болуп, сапсары мизи көз уялта чагылышат.
– Унуткан жокмун. Унутпай калайын. Бирок мен… мен деген… – деп ого бетер айтаар кебин таба албай кекечтенди кемпир.
– Эмне мен? Эмне? Айтчы батыраак?
– Мен энемди табайын деп. Энемди көрүп…
– О энеңди урайын сенин! Адамдын арасында кайдагы энең я?! Билип койгун! Бүгүнтөн баштап сен үчүн бул токойдо орун жок. Мен сыйкыр колдонбогула деп айттым беле? Айткам. Болгондо да катуу эскерткем. А сен болсо аны уккан жоксуң. Эми сенин айыңдан башкалар зыян тартпашы керек. Андыктан тез арада бул жерден жоголгун! Ай толгонго чейин жер бетинен жок болуп кет. Тигине, ай турат айга бар. Жылдыздарга бар. Жерге житип кет. Кыскасы, экинчи көрбөйүн. Эми алдыман чыкчу болсоң алдагы саксайган башыңды жулуп алам. Силер дагы угуп алгыла! Дагы бир жолу эскертем. Кимде-ким илгеркидей сыйкырын колдонсо, адамзат менен байланышып, ага ооз ачып сүйлөсө анда менден жакшылык күтпөсүн. Маа демектен башыңарды кессе да сүйлөбөгүлө. Жолобогула! Мамиле түзпөгүлө! Болду, Айтаар кебим ушул. Эмесе көзүмө көрүнбөй тарагыла!
Ушунтти да Жезтумшук сулуу ордунан туруп эшикке чыгып кетти. Анын артынан эле баары тең эшикке чыгып жок болушту. Бир заматта кепенин ичи аңгырап ээн калды. Тээ ортодо мастан кемпир гана соксоюп оутурп калды. Ал нес болгон немедей бир саам отурду да, жерге эт бети менен жыгылып өңгүрөп ыйлап жиберди.

– Энекэээ… – деп боздоп ыйлады ал. Кудум энеси конокко ээрчитпей жалгыз калтырып кеткен жаш баладай боздоп ыйлады. Эшиктин тешигинен баарына күбө болуп турган бала, эми аны аяй баштады. Бир маалда ордунан туруп эшикти түртүп көрдү эле эшик оңой эле ачылып кетти. Көрсө Мастан кемпир мунун эшигин жанагы соку менен жөлөп бекитип койгон тура. Аны тиги Жезтумшук нары алып отурбады беле. Ошого эшиги оңой эле ачылып калыптыр. Муну мастан кемпир деле күтпөсө керек. Баланын бөлмөдөн чыкканын ал байкаган да жок. Жерге жатып алып өңгүрөп гана ыйлай берди. Баягы жомок китепти бооруна катып алган экен, бир маалда аны алып чыгып, Эр Төштүктөгү желмогуз кемпирдин сүрөтү тартылган бетин ачып алып өпкүлөп ыйлады. Аны көрүп баланын ого бетер боору ачыды. Бир маалда ал жакындап келип,
– Болду ыйлабаңызчы, жакшылап издесеңиз энеңизди деле тапсаңыз болот – деп жалооруй сүйлөдү.
Мастан кемпир жалт этип бурулуп карады да, кайра бетин басып алып ого бетер өңгүрөдү.
– Сен эмнени билет элең балакай? – деп өңгүрөдү ал.
Бала бир саам ойлонуп турду да,
– Сиз биринчи алп кара кушту табыңыз да аны менен жер астына түшүңүз. Ал жактан жер тыңшаар Маамытты таап жер тыңшатсаңыз болот. Ал сиздин энеңиз тууралуу маалыматтын баарын угуп бергенден кийин куюн Маамытты минип алып жетип барасыз.
Кемпирдин ыйлаганы бир аз басаңдай түштү. Ал тургай кадимкидей токтоло калды.
– А сен ал Маамыттарды кайдан билесиң? – деди ал балага кайрылып.
– Алдагы китепте жазылып турбайбы, – деди бала.
Мастан кемпир китепти бир сыйра айланта карады да, кайсы жеринде дегенсип кайра баланы карады.
– А сиз эмне окуганды билбейсизби? Алдагы сиз ачкан бетинде жазылып турат, – деди бала.
Кемпир китепти жалдырай карап шылкыйып отуруп калды. Бала эми чечкиндүү кыймылдап анын колунан китепти алып барактай баштады.
– Энеңизди табыш үчүн баарын башынан окуп алалы. Эмесе угуп туруңуз.
Ошентип ал кемпирге Эр Төштүк жомогун баштан аяк окуп берди. Мастан дагы балага кынала отуруп баарын кунт коюп укту.
– Ошентип алп кара кушту минип алып Эр Төштүк жер үстүнө учуп келген экен, – деп бүтүрдү бала жомогун. Албетте, жомок бүткүчө убакыт да өтүп күн батайын деп калыптыр. Бала тээ карагайлардын арасынан жылтырап көрүнүп турган күндү карады да,
– Апамдар да мени издеп атышат го, – деп башын шылкыйта үшкүрүндү.
Энесинин дайыны чыкканына мастандын көңүлү аябай көтөрүлүп, тим эле бир орунга отура албай кубанып отурган болчу. Анан калса, ушунчанын баарын билип берүүгө жардам берген балага да аябай ыраазы болуп отурган. Бирок, минтип анын башын шылкыйтып, ыйлачудай болуп отурганына өзүн жаман сезди.
– Балакай, эч камтама болбо. Мен сени азыр үйүңө жеткирип койом, – деди ал көңүлү көтөрүлө.
– Чын элеби? Кайра жеткиресизби? – деди ал кубанганынан ордунан ыргып туруп.
– Албетте жеткирем. Энесинен ажырап калуу кандай жаман экенин мен аябай жакшы билем. Койо тур. Мен азыр бир заматта сени жеткирип койом.
Мастан кемпир ушуну айтты да күйпөлөңдөгөн бойдон үйүнө кирип кетти. Казан аягын калдыратып жүрүп жанагы желе баскан текчесинен кандайдыр бир суюктукту алып чыкты. Анан андан жерге сээп туруп өзүнүн сыкырдуу сөздөрүн айта баштады.
– Брахман, крахман дуба дуб,
Шамал айдап, жамгыр жууп,
Ыпыр-сыпыр чаңга айлан,
Чимирилте куюн кууп!

Ал ушуну окуган сайын туш тарап алай-дүлөй ызы-чуу болуп, удургуган куюн башталды. Аңгыча эле капкара куюн ызылдап келип буларды ороп алды. Бала бу саам мурункудай коркуп, эсин жоготуп деле койгон жок. Жөн гана кемпирди бекем кучактап көзүн жумуп отуруп берди. Бир маалда айлана тынчый түшкөнүнөн көзүн ачса шаардын четиндеги өзү жашаган көчөнүн башына келип калышыптыр. Кемпир аны жерге коюп үйүн көргөздү.
– Тигине үйүң. Бирок, азыр жалгыз барсаң сени кайда кеттиң деп баары такышат. Андан көрө мен да барып ата-энеңди жайгарып койоюн – деди.
– А алар сизден коркот да, – деди бала.
– Эмнеге коркмок эле?
– Эми, мастан кемпирден бизде адамдын баары эле коркот.
– А менин мастан экенимди ким билмек эле, – деди да кемпир ага жылмая карап.
– Аа, туура айтасыз, – деп жыргап койду берки дагы. Экөө кудум чоң эне менен небередей жетелешип алып үйдү карай келе беришти.
– Баса, сен алп кара куш менен өнөрлүү Маамыттардын бар экенине ишенип калдыңбы? – деп суралды мастан.
– Ананчы. Жанагы чогулгандын баары жомок китептерде жазылган. Көрсө алардын баары чын экен. Демек Эр Төштүк дагы, алп кара куш дагы, өнөрлүү Маамыттар дагы чын.
– Туура. Туура айтасың балакай.
– Баса, чоң эне, а сизди жанагы сыйкырыңыз үчүн Жез тумшук урушпайбы?
– Жок, урушпайт. Ал мага ансыз деле эң оор жаза берди. Эми урушса деле коркпойм.
Экөө ушунтип кобурашканча баланын үйүнө келишти. Атасы башын мыкчып эшиктин алдында отурган экен. Аңгыча ал баласын көрө коюп чуркап келип бооруна кыса көтөрдү. Кемпир бир саам аларды карап турган соң атасына кайрылып,
– Балаңарга рахмат. Аябай акылдуу, боорукер бала экен. Кечээ куюнда көзүм көрбөй, башым айланып өлүп кала жаздадым эле колуман жетелеп үйүмө жеткирип койду. Бирок кеч болуп кеткендиктен мен аны кайра жалгыз жибергеним жок. Эми силерди ушунча сарсанаа кылганым үчүн мени кечирип койгула, – деди.
– Аа макул. Макул. Эч нерсе эмес, – деп кудуңдай сүйлөдү атасы. Бул убакта үйдөн апасы да чыгып баласына чуркады. Бирок, алар канча суранышса да мастанды үйгө киргизе алышкан жок. Ал көчөнүн бойлоп өйдө басты да биринчи эле бурулуштан кайрылып жок болуп кетти. Аңгыча ызылдаган шамал болуп, сапырылган куюн башталды. Баласы табылганына кубанып турган ата менен эне жыргаган бойдон үйдү карай чуркады.
Бир гана баягы үйдүн чатырынан кулай жаздаган Керимбай кошуна көчөгө чуркап чыгып,
– Сыйкырчы. Баягы мастан дагы келди, – деп кыйкыра баштады. Бирок бул жолу ага аялынан башка эч ким көңүл бурган жок. Байкуш аялы гана артынан калбай чуркап,
– Э кокуй, кайдагы сыйкырчы. Сага суук тийип калган го. Бас үйгө, жылуураак жаткыралы, – деп чырылдап жүрдү.

(1-бөлүмдүн аягы)

Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаарынан. 18.04.2015.

Mar 24

Ириң..

И Р И Ң ( а ң г е м е )

Как эле жоон куйрукка чыкты. Чыканына канча болду эч ким билбейт. Ириң чыккандан бери жоон куйругу да бир жерге орун басып, жарытаарлык отура элек. Отурса эле жини когу аралашып, теринин алдында жайгашкан жеринен атылып чыкчудай. Тери алдында дененин бир учунан бир учуна ылдамдык менен жүрүп турган кан да ушерге келгенде, тушалган күлүктөй тык токтойт. Ириңдин кыйындыгын көр, агып келген таза кандын жолун бууп, ак кочкул ириңге айлантат. Көрсөң, ириңдер да чогулуп алып, тери алдында канча сайран курса, жоон куйрук да ошончо сыздап ооруйт. Жоон куйруктун ээси да, уяттуу жерине чыккандан уламбы, ириңдин көзүн жардырып доктурга да көрүнгөн жок. Уялды. Сыздаткан азабына да чыдады. Бири-бирине машташкан ириң, эми бармак басым жерди гана эмес, дененин баарын ириңге айлантмак болду. Жолунан чыккан таза кандын баарын өзүнө имерди. Жаманга шып жабышкан бу илдет да, колунда көөрү, тилинде мөөрү бардай , баарын ушул бармак басым жерге жыйнап, бу дененин тамырын түбүнөн кыркып, таптакыр эле жок кылып салса. Ушу анын оюу. А, жоон куйрук болсо, эки нерседен коркот,биринчиси отургандан, экинчиси доктурга барып, кестирип салгандан… жоон куйрук ээси да күн алыс дагырадай болгон жамбашын күзгүгө келип, түнкүсүн жатаар алдында карап коет… Ириң да жөн жатпайт. Оорутканы аз келгенсип, барган сайын дене бойго кулачын жайып калды…

Бу киши жатканда чалкасынан эмес, көмкөрөсүнөн жатып калды. Ага баары эле көмкөрөсүнөн жатып, көмкөрөсүнөн түш көрүп калгандай сезилди… Көзү көрбөсө болду, артын ит тиштесе да кайыл. Сыздатканын айтпа. Ириң барган сайын чоңоюп баратты… коңулу жарашса, суур деле жолборс үркүтөт… дегендей ириңдин азабын айтпа… Кишини кеч кирээри менен катыны тилдеп кирет. ээ 88Ириң деп эле иштин баарын токтотуп салмак болду. Аялына да табити жок. Кочкул кан бузулуп, кир кокко аралашат. Ириңдер барган сайын дене алдындагы бийликти колго алып, килтейген адамды алып тыналы деп, каршы-терши ызыгып калды. Жоон куйруктагы көк баш ириң, бармактай шүштүйүп, парсанагы мына-ана жарылчудай… Киши жумушка барса да, чооң-чоң чогулуштарда сүйлөсө да, түк отурбай трибунадан түшпөй калды. Оозунан жалындуу сөздөр түшпөй, ажыдаардай азынаганы менен, баягы көчүктөгү ириңи маал-маалы менен сыздатып кирет… Чиновниктин жоон куйругу гана ириңдебей, көчө да ириңдеп, котологон эл аянтка толуп кетти… Күндө “Кетсин! Кетсин! Кетсин!” деген үндөр терезе алдынан угулуп, жаалы кармаган элдин кара жини кайнап турду. Көчөдөгү “Ириңдин көзүн тазалабаса болбойт!” деген сөздү укса эле, бу жоон куйругун ойлойт. Ириң деген сөздү укса, мунун денеси титиреп кетет. Бүгүн да эл кара тумандай үйүлдү. Терезеден караса, тим эле кара таандай быкпыраган эл. Айрымдары темир тосмодон ашып түшө баштады. Эл темир тосмого уйгактай жармашты. Ушинтип турганда тосмонун темир дарбазасы ачылып кетти… Калдайган караан селдей агылып, ичкери кире баштады. Жүрөгүнө суу сепкендей чоочуду. Коридорго чыгып,”Кирип келишти!”деп айтайын десе бир жан жок. Баары качып кетиптир. Жогорку кабаттагылар да бири калбай качып кетиптир. Качканда да жөн качпай, вертолет менен качыпыптыр…

Сороюп эле өзү калганбы, лам деген киши жок. Бу деле качып кетейин деген. Басса эле жоон куйругу оорутат. Басайын дейт, баса албайт, качайын дейт кача албайт. Айласы куруду. Эмнеси болсо да ичкериден эшигин бекетип, демин чыгарбай жашынып калмак болду. Селдей кара таан булар турган кабатка чагылгандай атырылып жетип келди. Дуулдаган үндөр. “Тарс”, “Тарс” тебилген эшиктер. Мунун эшигине да жетип калды.Ошо тушка келген бир топ, шукшурулуп өйдөкү кабатка атырылды. Аны бир кудай сактагандай болду. Ичинен менин бөлмөмө кирбесе экен деп тобо келтирет. Бир маалда дагы бир чоң топтун үнү угулду. Кайрадан тарса-турс эткен үндөр жакындап келатты. Аңгыча болбой эле эшиги “тарс” тебилип ондой жулкунган немелер, көзүнөн чаары учуп кирип келди. Ал эмне кылаарын билбей дубалга жабыша түштү. Жүзүндө зили кайнаган биринчи киши аны моюндан алды. Аны ушунчалык каттуу кысты эле аба жетпей энтигип кетти. Дубалга жабышкан немени катуу жулка тартканда, бирөө артынан келиштире так эле ириңдеген жерге талыштыра тепти. Бут жоон куйрукка тийди… Көзүнөн от атып кетти. Уюлгуган ириң бырс эле жарылгандай болду. Дагы тепти… тепкен сайын ириңи атылып жатты…

Как эле каканактаган ириңге тепти… дагы бир ирет. “Көчүгүңөн ириңиңи да чыгара тебейинби!” деди бирөө. Ушу эле жетишпей жаткансып дагы бирөөсү жоон куйрук аралаш теп калды… Жерге жыгып алып, башын ылдый ныгырган неме айкырды. – Сен ким мененсиң? – деди ал. – Мен…мен… кичинекей кишимин… мен… – деп оозунан сөзү учту. – Эл мененмин!.. Эл мененмин де! – деди, башын ныгыра жерге такаган неме айкырды. – Эл мененмин! Эл менен!.. – Жан далбас кайталады ал. Жерге сулап калган неменин үстүнөн, тебелеп өтүшүп булар да өйдө жөнөдү. Бөлмөсү жылан жалагандай тып-тынч. Жанында тытылган портрет жатат. Ал бир кыйла жатты да… Өзүн жеңилдей түшкөндөй сезди. Колу менен жоон аркасын кармаса, алакан толо ириң чыкты. Кара кочкул ириң чыкты. Аны көптөн бери кыйнап келген ириң тим эле атып чыгыптыр. Эки-үч жолу жеген тепкиси да, так эле ушу тушка тийбедиби. Кыңкайып диванга көчүгүнүн жартысын басты. Колу толо ириң. Ал өйдө туруп терезенин алдына келсе, котологон эл баш кийимин өйдө ыргытып, төбөсү булоолоп турду: – Жашасын!.. Жашасын!.. – деп кыйкырып жатты. Эл быкпырдай кайнайт. Ал да ичинен;
– Жашасын!.. Жашасын!.. – деп, ооз учунан кайталады. – Үхх!… – деп, ириңи жарылып, өзүн кыйнаган азаптан кутулгандай сезди… Ушунчадан бери азапка салган ириңин жара теп чыгаргандай, ага бунун кереги бар беле?.. Дагы эле ичинен кайрыт…

ээ 88
Султан РАЕВ. Белгилүү жазуучу, драматург.
Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы
Мамлекеттик сыйлыгынын, Кыргызстан
Ленин комсомолу жана көптөгөн сыйлыгынын ээси,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер.

Mar 19

Жаңы «жомок»..

Фото 3РАЕВ Султан Акимович жазуучу, драматург. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кара – Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы 13-июлда туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажировкасын бүтүргөн. Республикалык «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил Жаш», «Жаштык жарчысы» гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орунбасары, 1991-жылдан «Кыргыз руху» коомдук саясий жана маданий гезитинде башкы редактор жана уюштуруучу болуп эмгектенген. 2006 – 2010 жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри. 1990-жылы «Күн кармаган бала» аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагы жарык көрүп, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамына татыган. Ушул эле китеп 1993-жылы кытай тилинде «Бала тууралуу баллада» деген ат менен Пекиндин «Улут адабияты» басмасынан жарык көргөн.

Э Ш Е К (Аңгеме)

Кыйчылдаган арабаны күн алыс тарткан эшекке мойнуна тагылган жүк эмес, кулагын ийнедей сайып турган ушу тажатты. Ал күн алыс мал сойгон жайдан жаңы эле союлуп, ысык кандын жыты келген уйдун, койдун, жылкынын, кээде топоздун этин касапка жеткирээр эле. Бу аңги эшекти да жаштайынан чурку кылып, бычып салган. Ургаачы эшектерди көз менен гана атып койбогону болбосо, бу макулуктун сезим дегенден таруунун башындай кыпын болсо не. Эртели-кеч союлган малдарды касапка ташыйт. Кээде мээ кайнаткан ысыкта, жамгырлуу нөшөрдө, кычыраган кышта, туманда, баткакта, шамалда жаны тыным албай, касапка эт ташыганы ташыган. Чырым эткенге убактысы жок. Куш уйку көздөн учат. Эшектин жашоосу да эшектикиндей. Эмгеги адал, өзү арам бу жаныбардын жазыгы ушу. Күндөрдүн бир күндөрүндө килейген үстү жабык жүк ташуучу машинеден быкпырдай кайнаган эшектерди түшүрүп жатканын көрүп калат. Мынча эшекти көрбөгөн жаны аларды карап айкырып ийгени да азыр эсинде турат. Ал ошондо көргөн…

Фото 8Өзү сындуу эшектер да башка туяктуулардай эле сулуу болорун. Алардын арасында эшектин не бир түстөгүсү бар экенин көрүп, айкыргандан ээги түшүп калган. Ургаачы эшектер да андан арбын. Эшекти келесоо адам эле келесоо дебесе, бу жаныбардын акылы алда канча тирик экенин эч ким билбейт. Билгиси да келбейт. Эшек. Мына ушул сөз менен гана бу жаныбардын аты да, заты да бүткөндөй… Эшек айдалып келген үйүрдүн ургаачыларына карап айкырганы менен, аларың аны көзгө илбей, бычылган денесин байкатпай эле туюк сезип турду. Бирөөсү ага карап койсо кана?.. Эки ирет айкырып алып, кожоюндан как чокуга камчы жеди. Аны алыстан байкап турган ургаачы жаш эшек шакаба чеккенсип, куйругун шыйпаңдатып “мына сага” дегендей катар-катар тезегин да таштап ийди… Бу жаш эшек көптүн арасынан айырмаланып, жүндөрү аппак, моюндары кудум эле маралдыкындай койкоюп, эки тикчийген кулагынын ортосунда капкара калдай болгон көкүлү бар эле. Эшек мээсинде сезим болгону менен, денесинен эбак кумар каны буулуп калганын азыр сезди. Анысын билмемишке салып, эркектик сезимин козутуп көрмөккө бир-эки курдай аракет кылды эле, көчүгүнөн желден башка эчтеке чыккан жок…

Эшектин сулуулугу көзүнөн башка денесине таркай албады. Ушу таттуу кыялга арбалып турган эшектин жонуна баягы ачуу камчы кайра тийди. Кыялы “чырс” үзүлүп… ал кайра эт базарга карай жол тартты… арабанын үстүндө жаңы союлган уйдун жыты… Эшек эт базардан кеч кайтты… Кечээки жаандан калган чыла сууну шимирип ичти да, кургап, сөңгөгү катып калган жүгөрүнү керте чайнап сугунуп алды. Курсагы өзөк жалгап, көздөрү мемиреп, турган жеринде көзү илеше кетти. Эшектин бактысы ушу да. Ага андан ашыкчасы ашыкча. Төбөдө ай… Жылдыздар… Түн… Абалап, касаптын тегерегинде жугунду аңдып жан баккан дөбөттөрдүн үндөрүн уккусу да жок. Эшектин көшүлүп кеткен уйкусун мал сойгон тараптан чыккан ачуу үн бузду. Бу үн уйдукуна да, койдукуна да, жылкыныкына да, топоздукуна да окшобойт. Бир башка кулагына угулду. Эшектин бүткөн бою дүркүрөп кетти… Бу эшектин үнү. Эшектин үнүн айрый албай өлүпбү? Үн ачуу чыкты… Ал үнгө экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, эми… кулагына дүйнө эшектери ачуу кыйкырып аткандай угулду… Үн артынан үн… Бу мал сойгон жерде майрам болуп жаткандай жугундукор дөбөттөр шүйшүңдөшүп, топ-тобу менен эт талашып ырылдашып жатты. Канчыгы да, эркеги да тумшугун жаңы эле союлган эттин таштандысына тыгып, көздөрүндө ачкөздүк ойнойт. Түн бою эшектин ачуу үнү ааламды бийлеп алды. Бу чурку аңги буга дейре эшекти сойгонду денесине жүн чыгып биринчи жолу көрүп отурушу…

Эпаадам, анын “туяктуунун баарын союшат, неге эшекти сойбойт?” деп айбандык арга алдырган жайы да бар эле. Мына эми кезек эшекке да жеткен экен… Айтмакчы, бир ирет ал карт эшектен да сураган: “малдын баарын союшат, бизди эмне?.. Этибиз арам, ишибиз адалбы? Карыганда да жөн өлбөйсүң, жардан ары кулатып ийишет… ” деп. Көптү көргөн карт эшек “биз жуттун, акырзамандын макулугубуз… Качан жут келип, акырзаман жакындай баштаганда гана бизди сое башташат…” деп какшанып алган. Ошо карт эшекти да таптакыр эле жүрбөй калганда жарга түртүп ийишкен. Сөөгү бир айдай сасып, карга-кузгунга жем болду… Эшектин үрөйүн учурган ачуу үндөр таңга жуук токтоду… Таң супа салып, эми эле каш-кабак агара баштаганда, баягы кыл мурут ээси келди. Андан күндөгүдөй эле арактын жыты буркурайт. Эшек адамдын жыты ушундайбы деп да боолгоп кетет. “Көнгөн адат калабы, эшекке жүгөн салабы” кайран эшек жонун бу ирбейген немеге тосуп берет, ал адатынча камчы менен жон аралаш берип калат. Бул анын саламдашканы. Эки дөңгөлөктүү арабаны моюнга илет да, илкий басып мал сойгон жайга келет. Бу көндүм иш ага. Бажактаган кызуу касапчылар арабага эттерди ташый баштады. Сулп-сулп эттер арабага үстөккө-босток ыргытылып жатты…

Арабанын жүгү оорлошкондо, эшектин мойну да өйдө көтөрүлүп, аны төрт туягын тыбыратып асманга илип койгондой болот. Арабага этти батышынча шыкай жүктөштү да, бир маалда эшектердин баштарын алып чыга баштады. Аны да арабага, алдыңкы жагына жүктөдү. Эшектердин башын, тиш ортосунан сулайып чыгып калган тилдерин көргөндө буттарын калтырак басты. Эшектин дене бою дүркүрөдү… Этти энесинин өчү бардай жүктөгөн балжаңдаган кызуу касапчылар чийдей арык кожоюнун буттан алып эшектин үстүнө чыкчырылта кыздын баласындай отургузду. Алдын бүт кан болгон алжапкыч менен жаап алган эңгезердей эткээл киши ушу тушта буту менен эшекти көчүккө тээп калды. Эшек сийип ийди. Эңгезердин тепкенине эмес, коркконунан. Арабадагы баштарды көргөндө таптакыр өзүн жоготту. Чийдей арык кожоюн камчы менен ушу тушта эшекти как мээге берип алды. Ал ордунан күч менен жылды. Бүгүнкү тарткан жүгү алда канча оор эле… Эшек илкий басып келатты. Кулагында баягы кыйч-кыйч деген үн. Ал мойнун кылчайтып артка бурулуп караганда көзүнө кечээ күнкү жаш, ургаачы эшектин тумшугу көрүндү. Көздөрү жумулуп, кооз көкүлүнө кан чачырап, көзү жумулуу…

Анын жанына катарлаш дагы бир эшектин башы, аерде бирөө гана эмес бир нече экенин кайдан билсин?.. Бүгүн түшүндө бу эшек ушу жаш ургаачыны көрбөдү беле?.. Экөө тасыраң таскак салып, бири-бирин жыттагылап, кыпкызыл чоктой болгон кызгалдактардын арасында жүргөн… Моюндаша жытташкан… жаш ургаачынын жыты да кудум тумшук учунда тургандай сезилди… Эшектин көзү кечээки түшкө арбалып, туяктары кайда алып баратканын да сезбей калды. Аны бу кыялдан алдыдан чыккан машиненин кулак жарган үнү, чийдей арык кишинин камчысы ойготту. Машине кечээкидей оор жүк ташыган, үстү жабык, өтө чоң эмес. Анда да эшектер… Эки дөңгөлөктүү арабаны акыркы күчү менен тартып бараткан эшектин жадына карт эшектин айтканы түштү. Ал анда «биз жуттун, акырзамандын макулугубуз. Качан жут келип, акырзаман жакындай баштаганда гана бизди сое башташат» деген…
Бирок бу макулук ошо карт эшек айткандын баары мынчалык жакындап калганын, ал кайдан билсин?.. Кыйчылдаган араба. Эшек… Эт базарга … аз эле калды…

Feb 25

Насыкенин жомогу..

Фото 3АТАНЫН КУРУ.

Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда бир кишинин үч уулу болгон экен. Үч уул эрезеге жетип, аш десе ашка тойбой, иш десе ишке тойбой турган убагы келиптир. Албетте, бул убакта алардын атасы да карып үй-бүлөсүн бага албай калат. Ошондо ал үч баласын маңдайына отургузуп алып мындай кеңеш берет.
– Ээ балдарым, мен мурункудай алдуу-күчтүү болгонумда силерди башым менен жер казсам да багат элем. Бирок, минтип алым кетип, төрүмөн көрүм жакын болуп отурам. Апаң экөөбүздө мындан нары силерди тойгузгудай дарман жок. Андан көрө үчөөң үч жакка барып өнөр үйрөнүп келгиле.

Балдары атасынын айтканын туура көрүп жолго камына башташты. Кемпир байкуш үкөктө калган талканын кагып, балдарына азык камдады. Абышка болсо колундагы мал-мүлкүн үч баласына бөлүп берди. Улуу баласы дароо эле короодогу жалгыз эчкини алам деди. Ортоңкусу болсо бакчада турган эки казды кармап, кабына тыкты. Ошону менен абышка-кемпирдин байлыгы түгөндү. Кичүү уулу ак көңүл, боорукер бала болгондуктан ата-энесин кыйнагысы келбей эки жагын каранды. Анан жүктүн кырында илинип турган атасынын эски, кайыш курун көрүп ошону колуна алды.
– Атаке, апаке, мобу курду мага бергиле. Бул силердин мага берген белегиңиздер болсун, – деди.
Абышка-кемпир айла жок ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп үч уулун сапарга чыгарды. Жолдо келетканда эки агасы кичүүсүн шылдыңга алып, какшыктай башташты.
– И, кана иничек, сен бул курду канчага сатасың? Же хандын кызына белек кыласыңбы? – деди улуусу.
– Жоок, сен муну эч кимге көргөзбө. Бул ааламда куну жок кур. Бирөө көрсө башыңды кесип кетет, – деп каткырып күлдү ортоңкусу. Кенже уул болсо аларга эч нерсе деп жооп кайтарган жок. «Кудай берем десе эчкилүүгө да берет, эски курлууга да берет» деп ойлонду ал ичинен.
Көп өтпөй үчөө чаканыраак шаарга келишти. Ал жерден улуусу эчкисин сатып базарда отурган кумарчыларга кошулду. Ортончусу болсо эки казын сатып ашканага кирди. Кичүүсү аларды канча айтса да угушкан жок. Укмак тургай алар ачууланып кубалап жиберишти. Айла жок кичүүсү андан нары жалгыз жолун улады.

Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, айтор бир күнү ал жол боюнда төө кармап отурган кишиге туш келди. «Мындай ээн талаада бул киши эмне отурат? Же жолунан адашып калганбы?» деп таң калды бала.
– Ассалоому алейкум! Бул жерге эмне болуп отуруп калдыңыз? – деп сурады ал.
– Алекум салам иничек. Эмнеге отурат дейсиң? Жүк арткан жибим үзүлүп, каптарымдын баары ооп калды. Эми буларды таштап кете албай ушул жерде отурам.
Бала тигинин жибин алып караса кичине эле жетпей туруптур. Дароо атасынын курун алды да жипке улай салып экөөлөп каптарды төөгө артышты. Андан кийин жолдо төөнү алмак-салмак минип бир шаарга чейин барышты. Көрсө, ал киши кийим тиккен тикмечи экен. Бала аны менен бат эле тил табышып, андан тикмечиликти үйрөнмөй болду.
Ошону менен арадан айлар өттү. Ар нерсеге зээндүү, элпек бала бат эле кыйын тикмечи болуп чыга келди. Колуна тийген кездемеден түрдүү кийимдерди тиге калганды аябай жакшы үйрөндү. Акыры ишти толук үйрөнгөнүнө көзү жеткенде устаты менен кош айтышып сапарын андан нары улады.

ээ 84Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү белгисиз, бир күнү бала токтоп турган арабага туш келди. Арабанын жанында бир киши ат кармап туруптур. «Бул киши эмнеге мында турат? Же бирөөнү күтүп атабы?» деп ойлоду бала. Кишиге жакындай бергенде:
– Ассалоому алейкум абаке! Бул жерде кимди күтүп атасыз? – деп сурады.
– Алекум салам, иничек! Кимди күтөт элем. Араба менен отун тартып келетсам тизгиним үзүлүп калды. Эми ал жок же атты башкара албай, же арабамды калтырып кете албай ушул жерде турам, – деди тигил.
Бала жакшылап караса тизгинди улаганга көп деле кайыштын кереги жок экен. Дароо атасынын курун алып чыгып, тизгинди улай салды. Ошону менен арабачан киши экөө андан нары чогуу жол улашты. Жолдо катар аркы-беркини сүйлөшүп отуруп бат эле ынак болушту. Көрсө бул киши токойдон жыгач алып келип, андан ар түрдүү буюмдарды жасаган жыгач уста экен. Баланын өнөр үйрөнгөнү чыкканын угуп, устачылыкты үйрөтмөй болду.
Ошону менен арадан айлар өттү. Акылдуу бала бат эле устачылык өнөрүн үйрөнүп, чыгаан уста болуп чыга келди. Колуна тийген жыгачтан түрдүү оокаттарды жасаган ага кеп болбой калды. Качан бул кесипти жакшылап үйрөндүм деген күнү устадан уруксат алып андан нары жолун улады.
Аз жүрдүбү көп жүрдүбү айтор бир күнү ал жол жээгинде отурган бир абышкага жолукту. Ал бир ташка отуруп алып кайгырып отуруптур. «Бул кишиге эмне болгон? Же бирдемесин жоготконбу?» деп ойлоду бала.
– Ассаламу алейкум, атаке! Бул жерде эмне отурдуңуз? – деп сурады ал жакындай келгенде.
– Алейкум салам, балам! Кайсы бирин айтайын деги. Алдан-күчтөн тайдырып какшаткан карылыкты айтайынбы, же алты жылда бир табылчу дарыны айтайынбы? – деп кейиди абышка. Анан кебин минтип улады. – Тээ тиги жардын кырында турган көк талкан деген табылбас дары. Бул жалганда ал дарыдан айыкпай турган оору жок. Ошол дарыны көрүп алып же жетип ала албай, же таштап кете албай отурам, балам.
Бала абышка айткан дарыны карап желкесин кашып бир саам ойлонду да атасынын курун алып улам бир ташка байлап көтөрүлүп отуруп көк талканга жетип, алып түштү. Ошондогу абышканын кубанганын айт. Так секирип бийлегидей болсо аскада чуркаган тоо эчкилер жолдо калгыдай. Көрсө ал тамыр кармап кеселди таап, чөптөн дары жасап элди айыктырган дарыгер экен. Экөө бат эле тил табышып ынак болуп кетишти. Ошону менен ал абышкадан дарыгерликти үйрөнмөй болду.
Арадан күндөр өтүп, айлар алмашты. Табыпчылыкты үйрөнүп баштаганына толук бир жыл болот дегенде бала дасыккан дарыгер болуп чыга келди. Анан абышкадан уруксат сурап андан нары жолун улады.

Ошону менен аз жүрдүбү, көп жүрдүбү белгисиз, бир күнү бала чоң шаарга жетип келди. Келсе шаар эли бүтүндөй кара кийинип, кайгыга батып туруптур. Кабагын ачып күлгөн бир жан жок. Элдин баары түнөрүп алда немеге аза күтүп тургандай. Бул көрүнүшкө таң калган бала алдынан чыккан кишиден иштин жайын сурады.
– Абаке, эмне мынча кайгыга батып, кара жамынып алгансыңар? – деди ал.
– Ээ, балам, сен сураба мен айтпайын! Бул биздин хандын буйругу, – деп жооп кайтарды тигил киши. Өз элин мынча кайгыга салган хандын кылыгын түшүнбөй ого бетер такыды. Ошондо жергиликтүү адам ага минтип жооп кайтарды:
– Биздин хандын ай десе аркы жок, күн десе көркү жок айдай сулуу кызы бар. Ошол кызы бир жылдан бери төшөктөн тура албай ооруп жатат. Падышабыз аны айыктырып алыш үчүн канча аракет кылса да болбоду. Акыры ал бардык элди кара кийип, аза күтүүгө жарлык чыгарды. Эгер кызы ушул бойдон айыкпай турган болсо шаардагы кыз аттуунун баарын дарга астырам дейт. Ал эми кимде-ким кызын сактап калса, анда ага кызы менен жарым байлыгымды берем деп жатат.
Бала аны укту да түз эле хандын алдына барды. Алгач падыша анын кебетесин көрүп ишене алган жок.

– Бул жерге неченденген олуялар, чачын ак баскан улукмандар келип эч нерсе кыла албай кетти. А сен болсо ээгиңе бир тал түк чыга элек жапжаш бала экенсиң. Менин каарыма кабыла электе кетип кал, -деди ал. Бирок бала андан коркуп калган жок. «Устатым берген көк талкан турганда бул дүйнөдө айыкпай турган кесел жок» деп өзүнө ишенди. Акыры падыша аны кызына киргизип, дарылоого уруксат берди. Арадан көп деле өткөн жок. Хандын желдеттери алка-шалка түшүп жарыша чуркап келип кыздын айыкканы тууралуу ханга сүйүнчү айтышты. Бечера хан уккан кулагына ишенбей чуркаган бойдон кызына барса чын эле канчадан бери эс-учунан танып жаткан кызы куландан соо болуп ойгонуп отуруптур.
Падыша кызынын айыкканына кубанып бүткүл казынасын ачтырып отуз күн, отуз түн тынымсыз той берди. Бүтүндөй шаарды каптап турган кайгынын илеби тарап, кадимкидей шаңга бөлөндү. Бирок, падыша мурунку берген убадасын унутуп, эч нерсеси жок кедей балага кызын бергиси келбей кыйыла баштады. Акыры ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп бир шылтоо тапты.
– Мен болгон амал-айламды колдонуп кызымды өлүмдөн сактап калдым. Бирок, аны өзү жактырбаган бирөөгө берип, кайрадан азап тартышын каалабайм. Эгер кызымдын көңүлүн таба алсаң алып кет. Эгер таба албасаң жарым байлыгымды берем, бирок кызымды бербейм, – деди хан.

Бала хандын убадасынан кайтып, бербестин амалын кылып атканын түшүнсө да, айласы жок анын шартына макул болуп ханышанын көңүлүн тапмай болду. Кыздын алдына келип жүз аарчыдан укмуштуудай кооз гүл тиге салды. Муну ал тикмечиден үйрөнгөн болчу. Андан кийин камчысынын сабын ары-бери жонуп тыпырайган куурчак жасады. Муну болсо жыгач устадан үйрөнгөн. Ошентип, өз колунан чыккан эки белегин хандын кызына сунду. Баланын мындай өнөрү менен, укмуштуудай кооз белектерине хандын да, кызынын да көңүлү түштү. Ошондо алар мынчалык өнөрдүн баарына кантип жетишкенин сурашты.
– Мунун баарына атам менен апам берген тарбия, боорукердик жана адамгерчилик аркылуу жетиштим, – деп жооп кайтарды бала.
– Башка эч нерсе короткон жоксуңбу? – деп ого бетер таң кала сурады хан.
Бала койнуна катып жүргөн атасынын курун алып чыгып,
– Бул атамдын эски куру. Бир гана ушунун күчүн короттум, – деди.
Падыша баланын акылмандыгына, адамдык сапатына эми чындап суктанып ага кызын берип, өзүнүн ордуна падыша кылып дайындады.
Боорукер бала сүйгөнүнө жетип, такка отурганына үч күн, үч түн той берди. Бул тойго алыста жүргөн атасы менен апасын да алып келди. Андан кийин эки агасын таптырды. Агалары бүткүл акчасын уттуруп, ар кимдин үйүндө малай болуп жүрүшкөн экен. Боорукер бир тууган аларды да жанына алдырып үстүлөрүнө үй берди, астыларына ат берди. Ошентип баары жыргап-куунап бактылуу жашап калышты…

ээ 84ШАШМА БӨЖӨК.

Эне койон жылуу уяда балдары менен чогуу отурган. Ал күнүгө бир маал балдарына китеп окуп, же ар кандай жомокторду айтып берчү. Бул жолу ал бөжөктөрүнө кышкы токой тууралуу окуп жатты.
– Кышында жердин баары ак карга бөлөнүп, суулардын үстүнө муз тоңот. Токойдогу бак-дарактар, карагайлар, бадалдар бүт баары ак кардан тон кийишет. Баса, мындай ак тонду кышында биз дагы кийебиз.
Ушул жерге жеткенде бөжөктөрдүн арасынан бирөө чыйылдап тура калды. Чынында бул ушундай чыдамы жок койонек болчу. Качан болбосун кепти аягына чыгара укпай суроо берип, же сөздү жыра талашып тураар эле. Апасы ага эскертүү берип, тыйса да болчу эмес.
– Апаке, апаке аппак тондорду азыр кийсек болбойбу? – деп сурады ал шашмалап.
– Жок, болбойт балам, – деп жай гана жооп кайтарды энеси.
– А эмнеге апаке?
– Эмнеге экенин азыр окуп берем. Шашпай угуп турсаң баарын түшүнөсүң.

Ошентип эне койон андан нары окуй баштады. Бирок, шашма бөжөк аны уккан жок. Ал кыялында өзүнүн аппак тонун кийип алып чөндөлөйлөргө, көпөлөктөргө, чаарчыктарга мактанып жүргөнүн элестетти. Андан кийин ак тонуна ар кандай гүлдөрдү тагып кооздоп алмай болду. Айрыкча токойдогу кыпкызыл жоогазындар, көпкөк сыя гүлдөр, сапсары байчечекейлер ак тонун шумдуктуудай көрккө чыгарса керек деди ичинен. Эми ал кудум ошол тонун кийип отургансып эки жагын дердеңдей карады. «Жок, мен эң биринчи ак тонумду кооздойм дагы, андан кийин досторума жолугам» деп чечим чыгарды. Бир маалда ал тигинде отурган кичүү инисинин «тонуңду мага да берчи» деп көзүн жашылдантып суранып атканын ойлоп, кытылдап күлүп жиберди. «Карасаң, аңкайып отурганын» деп кымыңдады ал тигинде делдейип отурган инисин карап. «Канча ыйласаң да бербейм ак тонумду». Бул жолу жанагыдан да катуураак күлдү.
– Сага эмне болду? Эмнеге күлүп атасың? – деди апасы. – Биз күлкүлүү нерсе окуп аткан жокпуз го. Же сен укпай эле турасыңбы?
– Жок, апаке, мен угуп атам. Баарын угуп атам. Окуй бериңиз, – деп калп айтып жиберди шашма бөжөк.
– Мына эч нерсе укпаганың белгилүү болду. Себеби, мен кышкы токой тууралуу окуп бүттүм. А сен болсо жыргап отурасың.

Эне койон аны дагы бир аз жемеледи да, ордунан туруп кечкиге тамак даярдай баштады. Бирок, анын айткандары бөжөктүн бир кулагынан кирип бир кулагынан чыгып кетти. Эки көзүн алаңдатып отуруп энеси тамак-ашка кирээри менен шып этип төркү бөлмөгө кирди да, жыгач сандыктан ак тонун издей баштады. Мына, атасы беш баласына беш тон камдап коюптур. Шарт эле бирөөнү алып, оңоюраак жерге ката салды. Оюнда эртең менен эч кимге көргөзбөй сыртка алып чыгып киймек. Бирок, баягы эле шашмалыгы аны дагы жөн отургузган жок. Акыры «караңгы болсо эмне болмок эле? Үйдүн жанынан кийип көрүп эле кайра кирем» деп чечим чыгарды.
Акырын ак тонун алды да эч кимге байкатпай сыртка чыкты. Сырт жак анча деле караңгы эмес экен. Толгон ай так эле булардын үстүнө жарык чачып туруптур. Ийиндин өйдөрөөк жагындагы дөңсөөнүн наркы бетине өттү да аппак, таптаза тонун ары-бери шашмалап кийе салды.
– Охх, кандай сонун! Тим эле аппактыгын, тазалыгын карачы. Жүндөрү да жупжумшак. Анан калса жылуулугун карабайсыңбы. Муну кийгенден кийин ийинге жатыштын деле кереги жок окшойт. Ооба, да! Сыртта түнкү токойдун дабышын тыңшап, таза абадан дем алып жаткан кандай сонун. А ийин болсо караңгы болуп турат. Гүлдөрдүн буркураган жыты да жок. Болду, мен бүгүн эшикке жатам. Баары уктагандан кийин, сыртка чыгып жатып албасам, – деп сүйлөнүп отурду ал.
Аңгыча оюна он секиримдей жерде турган көлмө түшө калды. Бөжөктөр кээде ал көлмөгө барып өздөрүн каранышчу. Аны эстээри менен ак тону өзүнө кандай жарашаарын көргүсү келди. Бирок, атасынын «сууга жырткыч жаныбарлар көп келет. Ал жерде көпкө турууга болбойт» деген сөзүн эстеди. Жырткычтар дегенди ойлогондо көлмөгө барбай турган болду. Анткени менен, үстүндө турган ак тону аны ой-боюна койбой ээликтире берди. «Бир эле жолу карап келейин. Кайра бат эле келем» деди акыры.

Ак тонун кийип алып энтеңдеген бойдон көлмөгө барды. Көлмөдө суу шылдырап агып, кудум сууга түшүп калгансып так ортосунда ай көлкүп туруптур. Аны көргөндө «өзүм да ушундай жапжарык болуп турсам керек» деп кубанды. Бул кубанычы жанагы коркунучтун баарын унуттуруп салды. Суунун жээгине тура калып каранды эле тигил айчалык балкыган жок. Өзүнүн күңүрт тарткан көрүнүшүнө ыраазы болбой суудагы таштарды басып алдыны карай жылды. Биринчи чоңураак ташка секирди. Андан кийин анын наркысына өттү. Андан дагы нары жылды. Ошентип орто ченине жетип кичинекей таштын үстүнө турду. Ушул жер суунун тыптынч турган жери болгондуктан өзүнүн келбети кадимкидей чагылып көрүнө баштады.
– Ох-хоо! – деп алаканын чаап кубана кыйкырды. – Кандай жарашыктуу кийим. Кандай сонун! Тим эле кулактарыма, колдорума сонун жарашып калат турбайбы.
Ал ушунтип жыргап, улам нары жагын карап, бери жагын сылап атып караңгы токойдо жалгыз турганын да унутуп койду. Бирок, бул кубанычы көпкө созулган жок.
– Укмуш! Тим эле сонун! – деген үн чыкты артынан. Бөжөк күтүлбөгөн үндөн чочуп кетип аз жерден сууга кулап кала жаздады. Эптеп таштын үстүнө токтолуп артына караса куу түлкү жойпулана күлүп жээкке келип калыптыр.
– Көлмөгө эки ай түшүп калганбы десем, татынакай бөжөк турбайбы. Аппак тонуң кут болсун! Сага аябай жарашып калыптыр, – деп мактаганча жакындай берди ал. Бирок, тээ башынан эле түлкүдөн корккон койонек ал улам жылган сайын улам бир ташка секирип нарылап жатты.
– Ой, сен менден эмнеге коркуп атасың? Карачы, апакай тонуңду да булгап алдың, – деп сөзгө алаксыта сүйлөдү куу түлкү.

Бул сөз бөжөк таасир бербей койгон жок. Дароо эңкейе калып суу чачыраган тонун тазалай баштады. Куу түлкүгө так эле ушул керек болчу. Ал аңкоо койонду алаксытып туруп басып калайын деген. Бирок, бул тилегин бир заматта таш капты. Шып этип секире берээрде буту тайгаланып кетип, бөжөктүн жанындагы сууга чалп этип түшүп калды. Араң турган бөжөк андан-мындан бир аттап суунун аркы өйүзүнө өттү да, эч нерсени карабай караңгы токойду карай чуркап жөнөдү.
Чуркап баратты, чуркап баратты. Улам бир бакты сүзүп, улам бир бадалды аралап качып кете берди. Кайда баратканын деле билген жок. Жүрөгү дүкүлдөп согуп, алаңдаган көздөрү эч нерсени көрбөй чуркай берди. Бир маалда чоң түп бадалдын астына кирип араң токтоду. Бир топко айланасын тыңшап, бутактардын арасынан эки жагын карап отурду.
Кудай жалгап түлкү артынан көрүнгөн жок. Бирок, бул жолу так эле үстүнөн бир үн угулду.
– Охоой, бул койонектин тонун карагылачы. Аябай жарашыктуу экен! Жүндөрүнүн аппактыгы тим эле укмуш! Кана келчи мен да кийип көрөйүн, – деди ал үн. Койон алаңдап карап атып, так эле өзү турган бадалдын үстүндө үкү турганын көрдү. Дагы жакшы, бадал аябай жыш экен. Болбосо мындай чоң үкүгө кичинекей бөжөк кеп болуп калыптырбы.

Үкү калп эле мактамыш болуп улам бир бутакка секирип жакындай берди. Оюнда ыңгайын келтирип бөжөктү баса калайын деп аткан. Бирок, бөжөк үкү секирген сайын бадалды тегеренип жашынып жатты. Ошондо айласы кеткен үкү кууланып, бөжөктү алдай баштады.
– Кап, тонуң сонун экен дечи. Бирок, арка жагыңды айрып алган турбайсыңбы. Эми апаңдан тил угасың го, – деди ал. Бөжөк дароо апасынын урушуп атканын элестетип коркуп кетти. «Чоң айрылды бекен?» деп санааркап артын карай салса чын эле жаңы тону эки жеринен айрылып калыптыр. Бечара бөжөк ак тонуна ичи ачышып бир саам алаксып калды. Митаам үкүгө так ушул керек болчу. Шып этип айланып учуп бөжөктүн тушуна келди да, арбайган тырмактарын сунуп тап койду. Бирок, далдайган канаты ачылаары менен бадалдын бутактарына урунуп, буйдалып калды. Күтүүсүз добуштан чочуп кеткен койонек өзүн карай жулунуп келеткан үкүнү көрүп бадалдан секирип чыгып бет алдыны карай зуу койду.

Чуркап кете берди, кете берди. Үстүндөгү ак тонунун булганганын да, айрылганын да унутуп качып баратты. Караңгыда көзү жакшы көрбөгөндүктөн бактын дүмүрлөрүн сүзүп, таштарга чалынды. Бирок, алардын бирөөнө да караган жок. Акыры чоң таштын коңулуна жетип, алдына кире качты. Чарчаганынан күшүлдөй дем алып, өзүн кармай албай энтигип жатты.
– Апаке! – деп чыйылдап ыйлап жиберди бир маалда. – Апакебай, мени алып кетчи. Экинчи эч качан тентектик кылбайм. Дайыма айтканыңды угам.
Так ушул маалда жакын эле жерден карышкырдын күрүлдөгөн үнү угулду.
– Ха-ха-ха! Мен сени тээ алда кайдан көрүп, артыңан келсем эми апаң келип алып кетет бекен? Тентек десе! Эми апаңды эч качан көрбөйсүң, – деди ал.

Карышкыр ызырынып ыркырап коюп шашпай жакындап келатты. Өзүнө ченемсиз ишенген аңкоо койонду качып кетет деп такыр ойлогон жок. Чынында бөжөктүн кача турган деле жери жок болчу. Көрсө ал чуркай берип, чуркай берип токойдун ортосундагы чоң ачыкка чыгып алыптыр. Эми кайда качса да карышкыр бир заматта жетип алмак. Айласы кеткен бөжөк арткы буту менен жер тепкилеп, чыңырып ыйлап жиберди. Так ушул убакта кимдир бирөө желкеден апчый кармап артты карай тартып кетти. Койонек болсо коркконунан көзү аңтарылып эсин жоготуп койду.
Бир топто эсине келип, көзүн ачса жанында бир канча чөндөлөй отуруптур. Бөжөк алгач алардын чын экенин, же түш экенин биле алган жок. Качан гана нары жактан алардын энеси, балпайган сары суур келип сүйлөп баштаганда ойгоо экенин түшүндү.
– Акылсыз десе! Жайдын күнү эмнеге аппак тон кийип алгансың? – деп жемеледи ал.
– А эмне аябай кирдеп калыптырбы? – деп санааркай сурады бөжөк.
– Кирдесе да мейли. Аппак тонуң менен жырткычтарга алда кайдан көрүнөсүң да. Айрыкча караңгыда шам чырактай эле балбылдап каласың. Дагы жакшы, ийинге киргизип кетпегенибизде карышкыр сени бир эле сугунуп коймок.

Тентек бөжөк ошондо гана түшүндү иштин жайын. Эмнеге эле кайда жашынбасын жырткычтар көрүп калат десе, аппак тону көрүнүп калат тура.
– Мен эми муну такыр кийбейм, – деди ал таарынгансып. – Бул аябай жаман тон турбайбы.
– Жок! Сен түшүнгөн жоксуң. Бул тонду жайында кийбей, кышында кийиш керек. Себеби, кышында айлана аппак карга бөлөнөт. Ошондо сен ак тон кийбесең кайра эле көрүнүп каласың.
Аңгыча жанында турган чөндөлөйлөрдүн бирөө энесин мактай кетти.
– Көрдүңбү менин апакем кандай акылдуу. Ал бизге баарын түшүндүрүп берет. А сенин апаң эч нерсе билбейт го ээ? – деди ал.
– Жок! Менин апам деле акылдуу, – деди бөжөк. – Ал мага деле ак тонду кышында кийет деп айткан.
– Анда эмнеге сен жайында кийип алдың? – деп такыды дагы бир чөндөлөй.
Бул жолу бөжөк жооп бере албай мукактанып отуруп калды. Ал өзүнүн апасын укпай тентектик кылганын ойлоп өкүнүп отурду.
ээ 9– Болду, уктагыла! Ага ансыз деле бүгүнкү сабак жетиштүү. Эртең биз аны апасына алып барабыз. Байкуш, түнү менен уктабай чыгат, го, – деди да эне суур баарына жылуу төшөк салып жаткырып койду.
Мына балдар, ошол күндөн тартып тентек бөжөк ак тонун кышында гана кийип калыптыр.

Насыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаарынан. 23.02.2015.

Jan 21

Түйшүк..

ээ 83Мирзохалим КАРИМОВ. 1952-жылы Тажик ССРинин Жерге-Тал районунун Бүтөө-Көл айлында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Мирзохалим «Мажүрүм тал», «Кыя жолдор» аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагынын автору.

МЕНИН НАЧАЛНИГИМ КИМ?

Туура он жылдан кийин жүк ташуучу автобазадан чыгып, бөтөн жайга орношууга туура келди. Ар дайым үйдөн оолактап, алыс сапарга шашылып жүргөн жаным, эми айына 300 сомдон маяна таап бере турган көк кашка «ЗИЛим» менен коштошууга аргасыз болдум. Сөздүн ток этер жерин айтканда, туугандар, аялым күн сайын сүйлөнө берип, жүрөгүмдүн үшүн алды. «Элге окшоп бир начальниктин эле жеңил машинасында иштесең болот го?» деп, кулак-мээмди жеп, тынчымды алды. Акырында «ач кулактан тынч кулак» жүрөйүнчү деген бүтүмгө келип, автобазадан бошодум. Кадрлар бөлүмүнөн эмгек китепчемди алып чыккандан кийин гаражга кире бериш жердеги «Ардак тактада» көп жылдардан бери чапталып турган сүрөтүм менен армандуу коштоштум. Мына ошондо, сүрөтүм: «Кетпей эле иштеп жүрө бербейсиңби? Сен кетсең менин акыбалым эмне болот?» дегендей капалуу тигилип тургансыды мага. Мен ичимди ит талагандай, көзүмдү чып жумуп, ары карай басып кете бердим. Жолдо келатып: «Анчалык нааразы болсоң үйгө барып, арызыңды аялыңа айткын» — дедим сүрөтүмө.

Антип-минтип жүргөнүмчө арадан он беш күн өтүп кетти. Акырында кудай жалгап, шаардагы чакан мекемелердин бирине араңдан зорго жумушка орноштум. Зыңкылдаган жапжаңы «Волганын» шоферу үч эле ай иштеп, бул мекемеден чыгып кеткен экен. Анын эмне үчүн үч эле ай иштеп кете бергенине кызыгып, бирөөдөн сураган жокмун. Машина эски десең, андай эмес. Начальник да анчейин жаман киши эместей сыяктанат. Айран калдым…
Начальнигимдин жашы элүүдөн өтүп калган, оозу оймоктой кичине, далысы кууш, ийрейген арык гана киши. Мага жасаган мамилеси да жылуу. Өзүн жөнөкөй алып жүргөн карапайым адам. Бирок, туугандар, мен эми эле аны менен үйүр алып калган убакта, үч уктаса түшкө кирбеген өзгөрүү болду: кадырман начальнигимди башка жакка которуп жиберишип, анын ордуна түнт, адам менен ачылып-жазылып сүйлөшүүнү каалабаган кыйык, узун бойлуу дардайган киши келип олтурду. Эртең менен үйүнө келсем саламымды дурусураак алик албады. Машинанын арткы орундугуна чалкалай олтуруп, «кеттик» деген таризде тамагын кырып, кызыктай жөтөлүп койду. Кечинде да жумуштан чыккандан кийин үн катпастан башын ийкемиш болуп, көөдөнүн өйдө көтөргөн бойдон короосуна кирип кетти.

Күндөрдүн биринде жаңы начальнигим жумуштан кийин үйүнө эмес, бөтөн көчөдөгү үйлөрдүн бирине баштап келип, машинаны токтотту. Эшикте үч сааттан ашуун күтүп олтуруп, курсагым ачып кетти. Бир оокумдан кийин ал жол боюндагы үйлөрдүн биринен керилип чыгып, машина тарапка басты. Кыязы, бир аз кызып да алган окшойт, машинага олтурар замат дайыма бүркөө жүрчү кабагы кокус ачылып, күтүлбөгөн жерден бакылдап жиберсе болобу!
— Курсагым аябай ачкан экен, тамак бышканча күтүп калдым. Пай-пай-пай, аяшымдын тамагы аябай таттуу болгон экен. Колу гүл да, ээ, тамак дегендин майын чыгара жасайт. Олтуруп туура кылып-тырмынбы?
— Ооба, — дедим калп эле жылмайып, — абдан туура кылыптырсыз. Начальнигим үйүнө жакындаганда, мага дагы бир кызык нерсени айтты:
— Сен ничево окшойсуң. Болбосо мурдагы иш жайымдагы өзүмдүн шоферумду алып келейин дедим эле. Ал абдан шайыр, шустрый жигит. Бардык ишти айттырбастан туруп жасачу. Аялымды тим эле алаканына ала «жеңеке» деп, жерге койчу эмес. Ну ладна, сен деле жаман шофер окшобойсуң. Ыкшоолук эле кылбасаң, баары жайында болот: маянаң да көбөйөт, калган-каткан иштериң да орундалат. Эң негизгиси — тил габышалы.
Короонун тушуна келип токтор замат, сырдалган темир дарбаза негедир катуу ачылып, ичкер жактан начальниктин аялы жулкунуп чыга калса болобу.
— Бул не деген издевательство, эй Калдар?! Мен саат алтыдан бери сени күтүп олтурамын. Башкаларды адам ордуна ойлойсуңбу деги?
— Тынчтанчы, кемпир, өкмөттүн иши сага оюнчукпу? — Начальник кудум бирөө төбөсүнө муштап жиберчүдөй башын төмөн ийип, араң эле күңкүлдөдү.
— Өкмөттүн иши деп актанганын карасаңчы! Саат алтыдан кийин иштегин деп эч кимди заставит этпейт, уктуңбу? А сен болсо…
Жаңжал көпкө созулган жок. Начальник машинадан түшүп, анын ордуна начальнигимдин «начальниги» олтурду.
— Келжиреген акмак десе! Кеттик, иним, — деди ал кудум менде да өчү бардай алая тиктеп.
— Каякка?
— Жашылча базарына. Менин туугандарымдын иштери чыгып калыптыр. Баятан бери «машина керек» деп телефон чалышып, аябай күтүштү, байкуштарым.

Зымырылып базарга жеттик. Жеңемдин туугандары базарга кире бериштеги чоң аялдамада биздин келишибизди чыдамсыздык менен күтүп олтурушкан экен. Машина токтор замат эки аял түйүндөрүн көтөрүнүп келип олтурушту. Сүйлөгөн сөздөрүнө караганда алар кимдир бирөөнүкүнө батага бармакчы болгон сыяктанат.
…Түнкү саат он экиден өтүп калганда үйгө келсем, аялым эчак эле каалаганы бекитип, чырактарды да өчүрүп, жатып алыптыр. Уйкучу неме менен түн жарымында ажылдашпайынчы деген ойдо короонун ичине бийик дубалдан ашып түштүм. Айвандагы чыракты жарытпастан, акырын ичкери кирип, чечинип жатып алдым. Эртеси жеңемдин буйругу боюнча эртең мененки саат жетиде туруп короодон чыктым эле, аялым артымдан чуркап келип:
— Таң атпастан каякка жол алдың? — деди ачууланып.
— Начальникке… — Жооп бердим суз гана.
— Ай, эки жумадан бери баланы жуундура албай, сени күтөм. Деги сен үй-бүлөнү ойлойсуңбу?
— Ошол да кеппи? Коңшунун кызын деле чакырсаң, балаңа бир чөмүч суу куюп берет эле го? Чынбы?

— Жок, деги сен үйгө каралашасыңбы же?.. Өзүң тандаган иш эми өзүңө жакпай калдыбы?
— Эмне дейсин? Мен мындай болорун билген эмесмин. Болбосо…

— Начальниктердин машиналарын эле айда деп он жылдык мээнетимди күйдүрүп, эми мунусун да… Ачууланган бойдон басып кеттим. «Начальник» көбөйгөндө адам деген ушундай орто жолдо арасат калат турбайбы. Анысын тыңшасам мунусу, мунусуна кулак салсам, анысы төбөмө жаңгак чагат. Менин курган бир башыма канча кожоюн пайда болгонун ойлосом, заманам тарып кетет. Саат жетиден отуз мүнөт өткөндө начальниктин короосунун алдында болдум. Ичкери жактан кызыл жагоо тагынган жаш кыз менен көкүлдөрүнө ак бантик байлаган кичинекей наристе чуркап чыгышып, машинага олтурушту. Мен дагы бирөө келер деген ойдо рулга өбөктөп турдум эле, артымдагы кыздардын улуусу:
— Эй, шофер, кеттик, — деди энесиндей буюруп.
— Каякка? — Артыма кылчайып карадым.
— Адегенде бул сиңдимди бакчага жеткирип, андан соң мени мектепке түшүрүп коесуз.
Аларды жеткирип келсем, жеңем дарбазанын алдында ары-бери басып, мени карап туруптур.
— Аябай күттүрдүң го? — деди ал. Анан артына кайрылып, дирилдеген ичке, назик үн менен кыйкырды:
— Ай, Айсалкын! Эмил! Болгула тезирээк!

Кабинага үч адам олтурду. Женемди мектепке, келини Айсалкынды ооруканага, Эмилди институтка жеткирип, эң акырында начальнигиме келдим. Ал экөөбүз ишканага саат тогуз жарым ченде жеттик. «Бир аз тынып калдым го, машинаны жууп-тазалап коеюн» деген ойдо эми эле бир чака суу алганымды билем, начальнигимдин катчысы капилет чакырып калды.
— Шефке, — деди ал сөөмөйү менен арт жакка ишара кылып. Ошол замат колумду жууп, начальнигиме кирип бардым.
— Сен азыр жеңеңе жетип бара кой. Ал сени күтүп турат. — На-чальник кыска гана сүйлөп, алдындагы кагаздарга үңүлдү.
Көп күндөн бери жуулбай кирдеп жаткан «Волгамды» катуу айдап, мектептин тушуна жеткенимде, жеңем колун алга сунуп, жолумду тороду. Машинаны жолдун четине чыгардым.
— Эмне мынча кечиктиң? — кекетип сурады ал. — Жс чоңуң бошотподубу?
— Жок, — акырын үн каттым.
— Чоңуңдан коркпо сен. Кеттик!
— Кайда?
— Душанбеге.

Шаардан чыгып, Душанбе каяктасың деп жол алдым. Төрт саат дегенде араңдан зорго жеттик. Жеңем кайсы бир ресторандан бир койдун этин бүтүн алды. Мен аны көтөрүп, багажникке салып койдум. Анан борборду бир сыйра чарк айланган соң артка тарттык. Алыс жолдо арып-чарчап, начальниктин үйүнө жеттик. Койдун этин мокок балта менеи мүчөлөп, ашкана бөлмөдөгү муздаткычка жайгаштырдым. Иштин баары бүткөндөн кийин гана начальникке келдим. Начальнигим бечара көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй алаңдап, күтүп олтуруптур. Ишкананын дарбазасынан кирип, моторду өчүрбөстөн, кайра чыгып кеттим. Бир сааттан ашуун шаар аралап, начальниктин үйүнө келип токтодук. Ал дүкөндөгу бөлкө нандан жебейт экен. Дайыма базардагы колдо жасалган жумшак нандан жеп жүрүп, ошого биротоло көнүп алыптыр. Экөөбүз кайра базарга барып жумшак нан сатып алдык. Үйгө келген соң: «Эми барып тамактана берейинби?» десем, «Сен кийин деле шам-шум этип аларсың» деп койду. Арга канча, кабинада эки саатча ысыкка как-талып олтурдум. Кыйладан кийин ал кара костюмун желбегей жамы-нып, көз айнегин тагынып чыкты. Оң жак эшикти ачып, ызат менен күтүп алдым.
Ишканага келерибиз менен чыдабастан ашканага жөнөдүм эле, жолумду тороду ал:
— Күтө турасыңбы же…? — деди ал эңилип жатып.

Ии, эмне эле?
— Кайра келеринде бир бөтөлкө коньяк ала келсецчи. Акча жок болсо, сейфтен алып чыгып берейин.
— Мейли, акчаны кийин деле берерсиз, ала келемин. — дедим курсагым ачканынан оорулуу ашказаным ийне менен сайгандай тызылдап.
Каап, өчөшкөндөй бүгүн жаныма акча салып чыкпаганымды карачы. Болбосо ашканадан тамак ичкен соң коньягын сатып алып келмекмин. Эми үйгө баруудан бөтөн айла жок. Бирок, негедир үйге бутум тартпайт…
Үйгө келсем аялым качан эле тамак ичип болуп, дасторконун жыйыштырып коюптур. Сыртынан караганда сиркеси суу көтөрбөй жинденип туруптур.
— Саатты карачы! Канча болуптур? Бирден кечикпей обедке келемин дебедиң беле? Сени күтө берип…
— Мен эмне, жаш балача көчөдө ойноп жүрүптүрмүнбү? Иш болгондон кийин кээде ушундай да болот го. Ага эмне мынча кейийсиң… — Аялымдын көңүлүн көтөрүү үчүн атайылап кошомат кылууга аракеттендим. — Бүгүн биздин ишканага жогортон текшерүчү келди. Начальнигим ошону менен башы маң болуп кечке жүрдү. Өзү да тамак ичкен жок бечара.
— Эч нерсени билбейм мен, атүгүл билгим да келбейт» Обед есть обед. Мындан ары саат бир болдубу, жөө болсо да үйгө жетип келгин. 130 сом маянаңдын жарымын ашканага төлөсөң, балачаканы ким багат?

Заманам тарып, өзүмө-өзүм ичим ачышты. «Өзү таап орноштурган иш эми өзүнө жакпаганын карачы» деп жүрөгүм мыкчылып сумсая түштүм.
— Кантейин анда, өзүң айтчы? — Күнк эттим. — Бул ишти да таштап бөтөн жумушка орношоюнбу? Ыя?!
— Чык! Андай маанисиз иштин кереги эмне. Жок дегенде базарга барып майда-чүйдө сатып келалбаган, өз убагында тамак ичирбеген, башкалардыкына окшоп бир пайда келтирбегенден кийин анын эмне зарылчылыгы бар? Иштен чык дедимби, чыккын! Ушу бүгүндөн кечиктирбестен арызыңды жазгың: Кудай буюрган тамагын өз маалында ичпей, машинасын аяган кандай начальник экен ал? Үйүндөгү аялы да мага окшоп кан какшап жүргөн чыгар?
Шорум куруп, тамак да иче албадым. Аялым менен ажылдашып олтуруп, бир сааттык убактымды бекерге өткөрүп жибердим.
— Болуптур, — дедим калп эле аны көшүтүп, — чыксам чыгып кетейин. Бирок, мага азыр он беш сом берип тургун.
— Ии, эмне үчүн?
— Керек болуп калды.
— Эмнеге керек болуп калды?
— Начальнигим карыз сурады эле. Мен…
— Он беш сом түгүл, он беш тыйын да бере албаймын! Барып ушинтип айт! Калпты сүйлөгөндү билбейсиңби? Аялым үйдө жок экен дегин. Шылтоо толуп жатат. Аңкоо болсоң, биротоло моюнуңа минип алат ал.

Сабырым суз тартып, машинага олтурдум да, ишкананы көздөй сыздым. Жол ката колдорум, жаактарым, буттарым калчылдап, эки бетим дандырга кызарган нандай ысып кете бердим. Кардым ачышып, башым айланып, көңүлүм айныды.
Ишканага келсем, начальник ыраңы купкуу болуп күтүп олтуруптур.
— Ой, шофер (ал мени атымдан чакырбастан, дайыма мына ушинтип атачу), эч ким көрбөсүн, — деди ал көздөрүн алайтып. — Кагазга оролгонбу?
— А, кечиресиз, алып келалбадым. Аялым экөөбүз бир аз айтышып калдык. — Эки бетим оттой ысыды.
— Фу, чорт, бийликти аялыңа берип коюп, эми селпейгенин карачы. Мококсуң! — деди ал аргасы куруган адамдай тызылдап.

— Ооба, мен мококмун, мени жумуштан бошотуңуз. Тажап бүттүм. Өзүмдүн автобазама барбасам болбойт экен.
— Эмнеге? — Начальник аңкайып туруп калды.
— Аялымдын буйругу мына ушундайча, — дедим жерге чырт түкүрүп ийип. — Анын үстүнө…
— Аа, бечарам, сага мен эле начальникмин десем, көрсө, үйдө дагы бир «начальнигиң» бар турбайбы? — деп аёолу тигилди мага.
— Үчүнчүсүн да билесизби? — дедим кыжырым келип.
— Жок?
— Үчүнчүсү — сиздин аялыңыз. Анын жардамчысы — орунбасарлары болсо, кыздарыңыз, келиниңиз, туугандарыңыз. Эми билдиңизби?
Начальник мага көпкө чейин жаман тиктеп турган соң, көөденүн кере минтти:

— Ушундай экениңди мурда эле сезгенмин. Жаз арызыңды!