Dec 08

Ак кептер..

КЫРГЫЗЫМ!


Кыргыз жерим Кыргыз элим улутум,

канча кылым жүрөктөрдө туулдуң.

Кыргыз жерим Кыргыз элим улутум,

кыргыз болуп жүрөгүңдө туулдум..

 

Кыргыз жери кыргызымдын конушу,

чегин коргоп кыргыз келген турмушу.

Тоолу аймак отуруктап кыргызым,

сактап келген үрп адаты турмушун.

 

Кыргыз эли Кыргыз жери байыркы,

жылуу сезим жүрөктөрдүн дарысы.

Даамын тартар дасторкону жайыла,

сыйлуу келген Кыргыз элим байырта.

 

Кыргыз эли кыргыз жери ынагым,

ынак болуп урпагында турамын.

Кылым өттү канча деген кылдары,

Кыргыз өчпөс канча деген жылдары.

 

Кыран кыргыз канча кылым көрсөда,

Кыргыз келген бөлүнбөстөн бир дагы.

Кыран кыргыз канча кылым көрсөда,

Кыргыз келген бөлүнбөстөн эч дагы.


Кылым карып учса дагы жылдары,

Кыйро болбо кыргыз элим бир дагы.

Канча жылы саналсада күндөрү,

кулабастан турмуш жолун түз дагы.

 

Кыргыз жери сулулуугу жетишкен,

урмат кылып Кыргыз эли келишкен.

Кадыр баркын урмат кылып жеткизип,

Улуу жолун Урпагына беришкен.

 

Канат болуп урпактарга келишкен,

ырыс алган куштарына берилген.

Бакыт изи канат кагып жеринен,

Кыргыз элге куту толо келишкен.

 

Байлык ырыс жазышары бул эмне?

Кыргыз эли жүрөгүнүн кебинде.

Сырын албас баары турат айлана,

куштар учар айланасы талаада.

 

Ала- Тоо ак мөңгүсү жеримдин,

асман тирейт ак булуттун желеси.

Согот дене Кыргыз деген жүрөгүм,

желбиресе кыргызымдын желеги.

 

Жери кооз Ала – Тоосу мөңгүсү,

нурлу кылар жүрөктөрдүн бирисиң.

Канат кагып учкуң келет айлана,

Күлүк тулпар күлүгүнө байлана!.


Жоомарт ТУРАРБЕК уулу . 07.12.2013.

Nov 24

Кылыч..

Кыргыздын Кылычы.

Кыргыздын Кылычы.

АТАСЫ БАЙЛАРГА.

Айыкпай жүргөн жарасы,

Ак калпак элдин чаласы!

Алеша болуп чоңойгон,

Ар кошкон журттун арасы!

Арманым айтам, угуп кой,

Атасы байдын баласы!

 

Өткөндүн тийип эпкини,

Өзүңө кезек жеттиби?
«Сатамын» деген сары оору,
Сарыгып, башка тептиби?

Эми эле болгон окуя,

Эсиңден чыгып кеттиби?


Абаны тешкен ок элек,

Алообуз даяр чок элек.

Аламан түшүп удургуп,

Аянтта жүргөн топ элек.

Капырай, анда бириңдин,

Карааның көргөн жок элек.

 

Өлкөсүн көрүп сатылган,
Өлүмгө тике катылган,

Салгылаш үчүн келгендер,

Сап-сапка түшүп атылган.

Сарайдан качып сасыктар,

Сарылар жакка жашынган.

 

Атылган октон эселеп,
Айкөлдүн духу көкөлөп,

Ажалдуу жаштар Ак Үйгө

Апкелген болчу, жетелеп.

Айтылган Ата Бейитте

Антыңар эстен кете элек.

 

Талоонго түшкөн түн болду.

Табалап турган күн болду.

 Өлгөндөр үчүн өч албай

Өрттөнүп жаным күл болду.

Кан ичме зөөкүр душманды

Качырып ийген ким болду?

 

Тактынын күчүн сездиңер,

Талашып жүрүп жеттиңер.

Мыкаачы жолун тосо албай

Мыйзамга шылтап кестиңер.

Үмүттүн отун өчүрүп

Үч жылдан артык эздиңер.

 

Башкача жолу жок сыңар

Башмыйзам күүсүн создуңар.

Жат элдин сөзүн былгыткан

Жандардын баарын коштуңар.

Кечээки чыккан жаштарга

Кеңешип койгон жоксуңар.

 

Жөөттөн арткан зил калды.

Жөөлөгөн орус тил калды.

«Жарандык экөө болот» деп

Жашынып кирген жин калды.

«Сатылсын» деген жол-жобо

Сакталуу бойдон тим калды.

 

Бийликке жеткен жаныңар,

Билинип калган алыңар.

Уурунун жолун кыя албай

Ууланган окшойт каныңар.

Бүгүн да турат элестеп

Бурулуп кеткен далыңар…

 

Тактабай сөзүң тантырап,

Тарыхты кирдиң аткылап.

«Орус» деп айкөл Манасты

Ой-тоону жүрдүң чапкылап.

Оозанаар кезде андайды

Окудуң бекен жакшылап?

 

Калкыңа көөнүң бош болду,

Кастарың кайтып дос болду.

Эмгиче дайны чыкпаган

Эскинин дарты козголду.

Ак менен кара билинбей

Азыркы заман боз болду.

 

Алтынды күтсөк жез келди,

Ачыла турган көз келди.

Андагы далай кылыгың

Айтыла турган сөз келди.

Кечирип жүргөн кең кыргыз

Кече албай турган кез келди.

 

Кулагын кесип, кан кактап,

Кумарга батып дардактап

Өчөшкөн кыргыз балдарын

Өлтүрүп турган таңгактап,

Уурунун кески башчысын

Узатып койдуң ардактап.

 

Оюнчук көрүп элиңди

Оодарып алба жериңди.

Бооруңду ачып башкага

Бошотуп койдуң белиңди,

Казакка берген сырыңды

Калганы билбейт дедиңби?

 

Кыргыздын мүлкү таланып

Кылактайт, өкмөт таранып.

Тагдырын көрбөйт, тарыхты

Таш күзгү кылып каранып.

Санаасы кайра баягы –

Сатсам деп турат жаланып.

 

Кесегиң менен майдаң бар,

Кезекке туруп сайган бар.

Эскинин түшсөң жолуна

Элиңе канча пайдаң бар?

Өлкөнү кайра сатсын деп

Өлбөсө керек кайрандар?

 

Эгемен журттун чатыры!

Эзелки тактын жакыны!

Эл-журтуң үмүт үзө элек.

Эсиңе келчи, акыры.

Жакшылап азыр жаппасаң

Жаман-жуман жерлериң

Жалжайып бара жатыры…


Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ. (Кыргыздын кылычы)

Nov 18

Сараңдык..

Насыпбек АСАНБАЕВ

Насыпбек АСАНБАЕВ

АЛАР ЭМИ КӨК ЖАЛ ЭМЕС!

Билбедим кайсыл заман, кайсыл аймак,

Жер анда жаралган дейт каймак каймак.

Бооруна жандуу жансыз жайланышып,

Адамга акыл берип, Теңир шайлап.

 

Замана азыркыдан башкача дейт,

Жер бети жамандыктан таптаза дейт.

Миң түркүн жан-жаныбар аралашып,

Жашаган коюн-колтук кармаша дейт.

 

А бирок, напси менен шайтан айдап,

Адамда бара жатты көз карайлап.

Чалкыган кенен дүйнө турса дагы,

Мал жыйып, оокат жыйып тырмалаңдап.

 

Ошондой адашкандын бирөөсүнүн,

Акылын байлык-бийлик баскан дешет.

Ашынып, ого бетер сугу артып,

Ыйманын көр дүйнөгө саткан дешет.

 

Эң алгач жай баракат момун койлор,

Жапайы, жайнап оттоп жаткан дешет.

Жанагы сараңдыгы арткан бирөө,

Баардыгын менчигине баскан дешет.

 

Ошентип малдуу болуп бир заматта,

Сараң жан көп сан койун багып жатса.

Капилет тоо боорунан иттер чыгып,

Койлорго кол салыптыр бир канатта.

 

Ал кезде иттер деле карышкырдай,

Курч тиштүү, ал кубаттуу болгон дешет.

Жаралып тоо койнунда эркин жашап,

Жегени Теңир берген койлор дешет.

 

Көп кырбай тоюшунча тумшук салып,

Кудайдын бергенине канааттанып.

Кайрадан тоо койнуна кетишчү имиш,

Кубаттуу, эркин иттер шашпай басып.


А бирок, эми баары андай эмес,

Адамдын бузулганы кандай мерез.

Бардыгын өзү жасап алган сымал,

Сараң жан бир да койду бермек эмес.

 

Түнкүгө таштан короо салдырды дейт,

Күндүзү кайтарып көз талдырды дейт.

Айланып миң сан малын коргой чуркап,

Туягын бирден санап кайгырды дейт.

 

Антсе да жалгыз жанга оңой эмес,

Кубаттуу көк жал иттер койор эмес.

Күнү-түн, көз ирмебей жатса дагы,

Бардыгы ойлогондой болор эмес.

 

Акыры адам деген адам тура,

Кысталса табар жолу амал тура.

Кууланып, карөзгөйлүк кылам десе,

Капталган шордууларга залал тура.

 

Айткандай сараң жан да амалданды,

Иттердин алдын тосуп жагалданды.

Атайын таш короону камдап койуп,

Койлордон күндө союп даярданды.

 

Салкындап таш короонун бир капталын,

Ысыкта көлөкөлөр жай камдады.

Астына таза суудан күндө куйуп,

Чаңкаса моокум канар сай камдады.

 

Иттерге эми жыргал болду белем,

Кубалап күндө койду чаң ызгыбайт.

Жөн гана ыңгыранып шашпай келип,

Союлган койдун этин тойо бурдайт.

 

Артынан суусундукка суу да даяр,

Болуштун кереги жок эми аяр.

Желпилдеп ары бери чуркай бербей,

Жатышат көлөкөдө  баары сыяр.

 

Ошентип күндөр өтүп, айлар жылат.

Эми иттер жатышат дейт сулап-сулап.

Ыкшоолук жедеп басып, уйку тартып,

Алдына келген этке араң турат.

 

Баягы көк жалдыгын унутушуп,

Тыгылып  таш короодо буюгушуп.

Артынан келе турган жаңы муундар,

Төрөлдү ошол жерде улуп-уңшуп.

 

Арадан билбейм канча мезгил өткөн,

Кар эрип, келген дешет эчен көктөм.

Мурунку бөрү сымал көк жал иттер,

Ныксырап, ыкшоо тартып жедеп бүткөн.

 

Каруулар баягыдай балбан эмес,

Жүрөктүн өткүрлүгү калган эмес.

Арсайып сөөк кемирген тиштер гана

Илгерки көк жалдыктан калган элес.

 

Ошентип сараң жандын ишке ашты,

Эзелки көптөн күткөн ой максаты.

Карсылдап, уруп согуп башкара бер,

Өткөнүн тарс унуткан «айбандарды»

 

Эми алар көк жал эмес коркунучтуу,

Даярга көнүштү алар бир укмуштуу.

Бир кесим эт таштар деп карап турат,

Жалдырап өзүн гана аянычтуу.

 

Унуткан мекен жайын, адаттарын,

Илгерки төрө сымал сапаттарын.

Ыркырап, бир сөөктү да талашышат,

Кыркышып бир-биринин канаттарын.

 

Мына эми ошол күндөн ушул күнгө,

Ит заты адам жандап калган дешет.

Сагалап короо жайдан карыш жылбай,

Күткөндү адат кылып алган дешет.

 

Оо тууган, эми менин кебимди ук,

Тамсилден улап чыгар бүтүмдү ук.

Кокустан катуу айтсам капа болбой,

Сөз менен согуп өткөн күчүмдү ук.

 

Карачы биз да минтип батыш жакты,

Ит сымал этти күткөн жалдырайбыз.

Илгерки өтүп кеткен наркыбызды,

Унутуп, жалтаң тиктеп калтырайбыз.

 

Алар ким, алар таш боор алдап согор,

Ал күчүң, акырындап алып койор.

А көрө бөрүлөрдөй баш бербейли,

Капканда каруусун да чайнап койор.


Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаарынан.

Sep 24

Жүрөк сыры..

Эрик ЖУМАБАЕВ

Эрик ЖУМАБАЕВ

Эрик ЖУМАБАЕВ. 1993-жылыдын 23-январында Ысык-Көл обулусунун Түп районуна караштуу Балбай айылында төрөлгөн. 1999-жылы Зина Мамбетсеитова атындагы Балбай орто мектебинин босогосун аттап 2010-жылы ийгиликтүү аяктаган. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство институтунун Социалдык маданий ишмердиги кафедрасынын студенти.

 


«АТА ЖУРТУМ»

 

Крбөдүм көзүңдүн жарык нурун,
Көөдөнүм козголуп жанып турдум.
Көп карап жолуңдан күтүп келем,
Көрүнбөйт карааның Ата Журтум.

Б 8
Көркөмүң тартылып көз алдыма,
Көзүмдөн тамчылайт мөлтүр жашым.
Көк асман чагылган, алтын көлүм,
Көктөмүн сагындым, салкын төрдүн.

Алыстан айтамын саламымды,
Алтын кел айтып тур кабарыңды,
Арнаймын бир сенин элесиңе,
Ар сөздөн куралган жалаң ырды.


«МЕНИН ЖАШООМ»

Менин жашоом жеңил эмес, оор эмес,
Узак кеткен, түгөнбөгөн жол эмес.
Ал болгону өтүп кетсем мүрдөн,
Менден калган жарыктагы бир элес,
Артта калган, кайрылбаган бир элес.

Турмуш сырдуу, болуп келет айрылуу,
Арасында күндөр да бар кереметтүү, бактылуу.
Табияттын мыйзамына баш ийип,
Мен да жашайм кээде шаңдуу, кээде болуп кайгылуу!.

 «ӨЧҮП КАЛСА ЧЫРАГЫМ»

Кейибечи, кетпейм сенден алыстап,
Учуп барат, убакыт саат арыштап.
Ажал чиркин алып кетсе дүйнөдөн,
Кайтып келем, кайра сага карыштап.

Суусу болом оргуп аккан булактын,
Майы болом бир жылт эткен чырактын.
Ишенип кой, унутпагын Ата-Журт,
Шамы болом сен жашаган турактын.

Булут болом буудан бүтүп жайылган,
Тунук болом суудан бүтүп агылган.
Буйрук келип бул дүйнөдөн өткөндө,
Калем болом ыр жазууга камынган.

Бийик болом шумкар учуп жетпеген,
Билиминен кайкып учуп кетпеген.
Бул турмуштун аздыр-көбүн иликтеп,
Билгич болом элим сүйүп эстеген.

Б 8«ЖҮРӨК СЫРЫ»

Көз жашты төккөн ырым бар,
Көл сымал толгон сырым бар.
Көрүнбөс көздүн кырына,
Көөдөндөн чыккан шыгым бар.

Жашай берчү кылымдар,
Жамактап жазган ырым бар.
Жан дүйнөмдү аралап,
Жайылып учкан чымын бар.

Кумарлуу жанды жылытаар,
Кубулжуп жазган ырым бар.
Куруган жүрөк түбүндө,
Куйундап учкан чымын бар.

Ак барак бетин булгалап,
Апкаарып жазган ырым бар.
Ай ааламды бир кезип,
Айланып учкан чымын бар.

 «ОШОЛ ТҮНДӨ»

Ошол түндө оюу бузук жаман келди,
Ойду тоону сүйлөгөн арам келди.
Ооруп жаткан апаӊдан айрылдыӊ деп,
Ойго келбес, түрү суук кабар берди.

Ошол түнү ак жамгыр төгүп жатты,
Ойлорумду сансыз элес бөлүп жатты.
Оо дүйнөгө узаган апам келип,
Ойлонбо”- деп ак жүзүмдөн сүйүп жатты.

Ошол түн бир мезгилди эске салды,
Ойлосом жүрөк сыздайт, кыйнап жанды.
Оюнкоор жаш баш элем ал мезгилде,
Оюмду жалгыз апам ээлеп алды.

Ошол түн жүрөгүмдө уюп турат,
Оюма апакемди куйуп турат.
Ошону, ойгоно албай узап кеткен,
Оо дүйнөдөгү апакем да туюп турат.

Кайгылуу түн карегимде жанып турат,
Кайратымды кайтарбай чанып турат.
Кан чыгарбай алып кеткен апакемди,
Караӊгы түн моюнга албай танып турат.

Ошол түндү бүгүн эстеп олтурамын,
Ооруп турат жүрөгүм коркуудамын.
Оору болуп жүрөктү жаралаган,
Ойлорумду ак кагазга толтуруудамын.

 «ЖАШТЫН ОЙУ»

Күндөрү болду, күүлү-күчтүү жаштыктын,
Түндөрү болду, ойноп күлгөн шаттыктын.
Арасында алсыраган жүрөгүмдү кыйнаган,
Арман кошкон жылдары өттү турмуштун.

Өмүр болсун өксүбөгөн күйбөгөн,
Катаал турмуш татымын эч көрбөгөн.
Ажал келип колдон жулуп турса да,
Өмүр болсун түгөнбөгөн, гүлдөгөн,

Сезим болду жүрөк кылын термеген,
Сезбей келем бирок булар эмнеден.
Ыр куйулат жүрөк түбүн талкалап,
Ырааты жок, илхом менен келбеген.

Качан келет? Кимдер келет алыстан,
Күтө берем, карай берем жолумдан.
Күн алыстап, күтүп турсам көз салып,
Күүлөр келет, ырлар келет капыстан.

Кагылайын байлык аттуу жыйбагын,
Канжары жок жүрөгүмдү кыйбагын.
Туура сүйлөп, чындык айткан айкөлдү.
Турмуш чиркин, туш-тушунан тыйбагын.


Ала-Тоонун суусун ичип чоӊойгон,
Ата-Журттун тузун татып коройгон.
Алты түндө арзуу кылып ыр жазган,
Айкөл жаштын оюу болду оролгон..

Sep 17

Кусалык..

эжамила 1Бекболот САРЫБАЕВ. 1995-жылы 22-майда Жалал-Абад обулусунун Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылында туулган. 2001-жылы Жерге-Тал айылындагы Мария Орозалиева атындагы орто мектептин босогосун аттап, 2012-жылы ийгиликтүү аяктаган. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм бөлүмүнүн 1-курсунун студенти.

 

Чындык издеп, чындык издеп кашкайган,

Чырмап ойлор, маң болууда баш кайран.

Чын дүйнөгө көчүп эле кетүүдөн,

Чынымды айтсам калбай калды башка айлам..

 

АЙЫЛЫМДЫ САГЫНУУ…

Атыр жыттуу абасынан айылдын,

Алгач жыттап, анан өлсөм кайылмын.

Айкырыгы аалам жарып туруучу,

Айылдагы эшегимди сагындым.

 

Эстен кетпей ойноок кезим мурдагы,

Эх, айылым, ойлорумду чырмады!

Уйларымдын мөөрөгөнүн эстеймин,

Угулганда машиненин “сигналы”..

 

Токтолбостон күндөр жылга жалгашты,

“Токто!”,- десек, тагдыр көнө калмакпы?

Азан айтып ойготуучу корозум,

Азыр болсо будильникке алмашты.

 

Күчүк кезден кубалашып чоңойгон,

Керек болсо итимди да көп ойлойм.

Ата-энемди, досторумду ал эми,

Айтпасам да түшүндүңөр деп ойлойм!

 

ЧОҢ ЭНЕМЕ

Айыл десе элден мурда жөнөгөн,

Анда мен жаш, тынчыбаган, шок элем.

Ар күн сайын айылчылап келчүбүз,

Аркасына артып алып чоң энем.

 

Тентек кылсам атам берсе шапалак,

Өңгүрөп мен ыйлачумун “апалап”.

Арачыга энем түшүп анда да,

Сооротчу эле сунуп мага шокалад.

 

Азыр болсо окуп жүрөм алыста,

Алгам түшүп мезгил менен жарышка.

Энем үчүн жасайм бир күн чоң белек,

Элим үчүн жарап берип намыска!

 

ЭНЕ ТИЛИМ!

Эне тилдин ар бир сөзү сүйлөмү,

Эч табылгыс бак-таалайдын ирмеми.

Эне тилде эркелетип апакем,

Эне тилде таанып билгем дүйнөнү.

 

Эне тилсиз кантип болсун жашамак,

Эне тилсиз жүрөк кантип жашарат?

Эне тилде кудайыма сыйынып,

Эне тилде арнайм кызга махабат.

 

Эне тилим дастанымдай бүтпөгөн,

Эне тилди уксам толкуп күчтөнөм.

Удургуган сезимдерди жамынып,

Уктасам да эне тилде түш көрөм.

 

Энчи болуп бизге калган эскиден,

Эне тилим – байлык, кенчим деп билем.

Өлсөм дагы көргө кирген кезимде,

Өз тилимде сурак берсем деп жүрөм!

 

БАТКЕНДИК КЫЗГА.

Айтчы кантип мен сага жанаша алам,

Күлөсүңбү сүйлөсөм тамашадан?

Жолуксакпы,- деп айтсам жооп бердиң:

Жолуга албайм, урушат “аяш авам”!

 

Сулуулугуң сүйүүмдү байлап алды,

Сезим сени тандаса айла барбы?

Табалбадым кыдырып жер жүзнөн

Таң каламын сендейлер Айда барбы?

 

Чыгара албай сырымды көмүскөмүн,

Чыдай албайм сен менен көрүшмөйүн.

Жамалыңды сагынып суусап турам,

Жаңы бышкан кыпкызыл өрүктөйүм.

 

Арабызда аралык чоң эмеспи

Ашып өтүп андыктан тоо, белести.

Андып такыр дарегин таппай келем

Айтчы үйуң “шобу” же “шо эмеспи”?

 

АВТОБУСТАГЫ ОКУЯ.

Аптабы күч, жай мезгил күн ысыкта,

Автобуста баратам тыгылышта.

Көңүлдөрдү өзүнө тартып алчу,

Көзүм түштү көк көйнөк сулуу кызга.

 

Адамдардын мынчалык жыйналганын,

Араң чыдап жактырбай турган жаным.

Көздөрүңө көздөрүм чагылганда,

Кайдадыр бир жок болду кыйналганым.

 

Автобусту айдоочу айдаса бат,

Азгырылам селкиге кайра карап.

Жамалы анын мага окшош жигит эмес,

Жан алгычтын өзүн да арбап алат.

 

«Ырас эле бир чыкты жолубуз» – деп,

Ынгайлуурак таанышуу жолун издеп.

Түшүп кеттиң камданып жатканымда,

Тигил жерден токтотуп коюңуз деп.

 

Эх, сулуулар жүрөктү жарасыңар!

Эми кайда көңүлдүн дабасы бар?

Маанай түшүп мен байкуш кала бердим,

Момпосуюн алдырган бала сымал.

 

Кала бердим телмире терезеден,

Коньфеттерин тарттырган бала сымал…

Sep 14

Доско кат..

ДОСКО КАТ!.

Акын, журналист Зайырбек АЖЫМАТОВ.

Акын, журналист Зайырбек АЖЫМАТОВ.

 

Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам.
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Турмушка куурчак болдук ойнотулган,
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу катын алып…

 

Эх досум,
Кандай таза балдар элек…
Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.
Достукту ыйык тутуп баарысынан,
Чок сыңар жалын чачып жанган элек.
Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,
Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек.
Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө,
Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө,
Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр,
Мен бүгүн сага атайын барайынчы,
Ыр окуп анан досчо сөгүшкөнгө…

 

Эх досум,
Өмүр деген аргымакпы,
Шашабыз карап алып алды жакты.
Билемин канча боздоп ыйласак да,
Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты
Эми түк ырдап бербейт баягыдай,
Капилет жоготконбуз Калмуратты.
Обонун уккан сайын ыйлайт жүрөк,
Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт,
Барында бапыратып мактай албай,
Калдык биз ошол досту барктай албай.

 

Эх досум,
А мен болсо оңолбодум,
Махабат дартка айланды аякпаган.
Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,
Дагы эле баягыдай азаптанам.
Дагы эле жетимсирейм, кусаланам,
Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.
Дагы эле кежир анан кырс бойдонмун,
Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам.
А баса, коркпо бирок тоорулам деп,
Азыр мен баягыдай ичпей калдым,
Мас болуп милицияга түшпөй калдым….

 

Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам…

 

 Зайырбек АЖЫМАТОВ. Журналист, акын, Бишкек шаары.

Jul 13

Тилек..

Чынара САРБАГЫШОВА, Бишкек шаары.

Чынара САРБАГЫШОВА, Бишкек шаары.

Чынара САРБАГЫШОВА.


1969-жылы Токтогул районунда туулган. Азыр Бишкек шаарында турат. Чакан ишкерлик менен алектенет. Өмүрлүк жодошу Таластын кулуну. Бир уулудун сыймыктуу апасы.

 

 

 

 

 

 

 

 

«ЖАЛКООЛУГУҢ САБЫРЫМ АЛЫП БАРАТ»

 

душаЖалкоолугуң сабырым алып барат,

Көзүм эмес, көңүлдөн жашым тамат.

Жайдан гана санаасыз жүргөндөйсүң,

Жашоо үчүн мен жүрсөм жаным сабап.

 

Кыялың өзгөрүлүп кетти дейсиң,

Түшүнүүгө сезимиң жетпейт сенин.

Чыдамымдын баарысын сарптап салып,

«Чыргоолонуп бул катын көптү дейсиң»..

 

Эх, чыдоонун чеги да болот тура,

Сезим дагы дат басып, соолуйт тура.

Кээ кезекте тилимдин «чаңы» чыкса,

Түшүнүп кой жан биргем буга туура..

 

Балапандай сенин көзүң карап турган,

Байоо кезим өтүп кеткен алда качан.

Баасы жок «ажаанга» да айланамын,

Байкап өзүң турмуш жүгүн артынбасаң..

11.07.2013-жыл.

вишняТИЛЕГИМ.

 

Баалайм сени, барктайм сени Жараткан,

Баарыбызга бакыт болуп жарашкан.

Аз болсо экен адамдарда кайгыруу,

Канжар сайып жүрөгүңдү канаткан..

 

Сүйөм сени, аздектеймин теңирим,

Жашасак дейм улуу күндө керилип.

Жок болсо эмне адамдарда өкүнүч,

Жан дүйнөңдү турган дайым кемирип..

 

Баарыңарга сүйүү, үмүт кааларым,

Жаман ойду жакындатпай танамын.

Эл ичинде эмгек, тынчтык бар болсо,

Анда анык мен да бакыт табарым..

26.06.2013-жыл.

 

поэтЖАЗГЫМ КЕЛДИ КАЙРАДАН.

 

Жазууга ыр батына албай кайрадан,

Жылдар нечен калемимди албагам.

Жан дүйнөмдө азат болуп өчүштү,

Жакшы ойлор дайым мени жандаган..

 

Барктай албай кыйалымдын түйшүгүн,

Басып салып ойлорумдун оор жүгүн.

Бошко гана канча жылды учуруп,

Бармак тиштеп арман кылам мен бүгүн..

 

Жазбайм ыр деп мен өзүмдү алдагам,

Жазгым келди бүгүн сени кайрадан.

Жакшы ойлор – азыр деле кеч эмес,

Жазуу үчүн калем алып камданам..

15.02.2013-жыл.

 

энеЭНЕ ЖАНА НАРИСТЕ.

 

Бул жарыка жаңы келген кызыл эт,

Күткөн сени эли – журтуң сүйүнөт.

Азыр менин балкып көөнүм бакытка,

Тилеп турам узун өмүр, акыл – эс..

 

Капалыктын баарын алыс айдаган,

Жүзүң сүйкүм, эки көзүң жайнаган.

Алдейиңди кысып алып бооруңа,

Азыр сенден эң бактылуу барбы адам?

 

Жамандыктан Жаратканым коргосун,

Теңир Ата, Умай Эне колдосун.

Адам болуп актай көргүн наристе,

Апакеңдин таткан азап – толгоосун!.

09.06.2013-жыл.

 

кыргызКЫРГЫЗЫМ.

 

Кыргызым менин кыйырдан келген кымбатым,

Кырчылдап жоодо кырылса дагы сынбасым.

Кайратың азыр кай жака кетип баратат,

Карайлап калбай канатың серме – тур бачым..

 

Кыргызым элим жүрөгүн алган нечендин,

Тукумуң сенин бүт баатыр болгон «кечээ күн».

Көкөлөп көккө канатың жайып уча албай,

Кейпин да азыр кийбегин калкым бечелдин..

 

Кыргызым журтум унутпа наркын жетеңдин,

Урпагы сенсиң баатырлар менен чечендин.

Үшкүрүк жарып, унутка таштап өзүңдү,

Улуу бир калкым кийбегин кейпин кеселдин..

 

Кыргызым менин болоттон дагы бекемсиң,

Сыналган эркиң бир күндө эмес – нечен күн.

Кылымга дагы баш ийбей келген эркиңди,

Айткыла азыр «сындыра» алат экен ким?

09.06.2013-жыл.

Jul 13

Ийнелик..

Майа САТИЕВА. Маскөө шаары.

Майа САТИЕВА. Маскөө шаары.

САТИЕВА Майя Абдыгапаровна.

1977-жылдын 4-сентябрында Ош обулусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Орто мектепти ийгиликтүу аяктаары менен эле турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө күтүп кеткен. Эки кыз бир  уулдун бактылуу энеси. Учурда Орусиянын Маскөө шаарында жашайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ИйнеликИЙНЕЛИК…

 

Кирип алып терезеден кокустан,
Бир ийнелик күйпөлөктөйт чыга албай.
Ачтым дагы, бар учуп кет үйүңө,
Деп учурдум чыдап карап тура албай..

 

Кайдан билдим анын үшүп кетээрин,
Жамгыр турган бирин серин тамчылап.
Тили болсо азыр сүйлөп ийчүүдөй,
«Киргизчи» деп үшүп кеттим калтырап..

 

Ачтым кайра терезени кирди дароо,
Жаап койдум, бпсып кеттим көңүл ток.
Көп өтпөдү кайра эстеп карадым,
А ийнелик жатат жансыз кыймыл жок.

 

Акыл эстүү адаммынбы, киммин мен?
Билбедимби анын үшүп калаарын.
Ажал менен алпурушкан ийнелик,
Ойлобопмун мени ойго салаарын.

 

Шол ийнелик балким кай бир жашоодо,
Адам болгон же мен, же сен сыйактуу.
Же болбосо биз кийинки өмүрдө,
Ийнеликпиз, же макулук жан, айактуу..

 

Тирүүлүктө жакшылык кыл тирүүлөргө,
Тирүүсүңбү? Демек бизге ажал бирөө.
Байсың, бийсиң,
Ачсың, токсуң,
Кайдан келдиң?
Түндүк, түштүк..
Адамсыңбы?
Айбансыңбы?
Же бир байкуш ийнеликсиң..
Тирүүсүңбү?
Ажал бирөө, ажал бирөө, ажал бирөө!..

 

 

кайырчыКАРЕК ЖУУГАН КАЙЫРЧЫ.

 

Тааныш көчө күндө өтөм ал жолдон,

Өткөн сайын көчө толо эл болгон.

Бара жатып көзгө урунду капыстан,
Бир мунжу адам көздүрүнө жаш толгон.

 

Жаш дагы эмес пайгамбар жаш курагы,

Көчөдө эмес төрдө олтураар убагы.

Эки бутсуз арабада отурса,

Неге сынайт татаал тагдыр сынагы?

 

Ушул көчө ал байкуштун турагы,

Аны көрсөң көңүл чыдап турабы?!

Кайыр сунсам «Алла раазы кызым» деп,

Көздөрүнөн бермет тамчы кулады.

 

Өтөм күндө, күндө өтөм ал жолдон,

Өткөн сайын ал көчөдө эл болгон.

Бара жатып көзгө урунат эрксизден,

Шол абышка көздөрүнө жаш толгон.

2006-жыл. Бишкек шаары.

 

поэзияТИЙБЕГИЛЕ.

 

Мен акынмын жөн гана,

Өз ойумду ак барака түшүргөн.

Акча жемей,

алдап жутмай,

мансапкорлук,

жана дагы коррупция не экенин түшүнгөн.

 

Катуу айтпа,

мен жөн гана акынмын,

Көргөнүмдү ак барака түшүргөн.

Таштандыда таштай каткан ымыркайды,

кечээ көргөн, кош кат сойку,

ыргытаарын,

ошондоле түшүнгөм..

 

Мен алсызмын, жөн гана бир акынмын,

Жан дүйнөмдү ак баракка түшүргөн.

Кыйкырамын,

бүт ааламга,

оо адамдар, кайда кетти ыйман,

ынсап, боорукерлик,

Эч ким укпайт,

Муну да мен түшүнөм..

 

 ТААЗИМ.

 

Ыраазымын бул жарыка келгениме,

Жаратканым мага өмүр бергенине.

Кыбыраган бир муштум эт адам болуп,

Тизе бүгөм ата-энеме, эл жериме.

Байкайм дайым аткан таңдын улуулугун,

Кыш чилдеде сезем күндүн жылуулугун.

Эч бир каухар, берметтерге алмашпасмын,

Теңдеши жок, табигаттын сулуулугун..

 

поэтКЫЙАЛЫМ.

 

Уурдайын деп мен мезгилден бир тутам,

Эрте чыктым тосуп анын жолунан.

Бара жатып кыйалыма жаза кеттим,

Төрт сап ырды чыга калган ойуман.

 

Ал аңгынча мезгил учту шамал болуп,
Колум созо уучтап калдым кичине.

Качырбастан катып салдым аны мен,
Кыйалдагы төрт сап ырдын ичине..

 

Мен киммин? Жөнөкөй бир пендемин,
Андан башка кереги бар эмненин.
Менин бактым, кубанычым, максатым,
Элге жетсе эңсеп кылган эмгегим..

1995-жыл, Ош шаары.

 

жүрөкСУРАНАМ?.

 

Жардам берчи, унутууга,

бул күндөрдүн бардыгын,

Кулпулайын ачкыс кылып,

бул сезимдин сандыгын.

Билем сени, кетпейсиң,

же мени да кет дебейсиң,

Болом сенин өмүр бою

кайталангыс жалгызың..

 

Сен да унут сезимдерди,

бекем сактап каткының.

Жолдорубуз кесилишпейт,

өз бактыңа кайткының.

Мен жөнүндө бул чыгарма,

канчалык кооз болсо да улантпачы,

ал китепти ачпас кылып жапкының..

этахТАХМИНА

 

Эки бети быйтыйган, өзү сары,

Кашы сары, кирпиги, чачы дагы.

Жашыл-күрөң көздөрү ойноктогон,

Көзү ачык төрөлгөн наристе деп,

Келди чуркап ошондо көрүп баары..

 

Он жети жыл минтип зуулдап өтүптүр,

Он жети кыш, он жети жаз кетиптир.

Жапжаш кезде апа болдум арман жок,

Алп урушуп жашоо менен мен жүрсөм,

А перзентим минтип бойго жетиптир..

 

Арыкчырай, бажырайган көздөрү,

Акыл эстүү, орду-ордунда сөздөрү.

Кырдач мурун, жибек чач, оозу оймок,

Кубакай жүз, узун мойун супсулуум,

Кудум эле ак куу сымал көлдөгү..

 

Төрөп алгам, берекемди татына,

Төп келишкен аты уйкаш затына.

Апакелеп жүрчү дайым эркелеп,

Апакайым, асылымсың, көлөкөм,

Айым, күнүм, үмүтүмсүң Тахмина!.

Jun 24

Жалгыздык.

 Жамгырчиев Бердибек Шейшенбекович.
1987-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. БГУнун филология факультетин 2010-жылы бүтүргөн. Кыргыз радиосу уйуштурган таланттар таймашы конкрусунун жеңүүчүсү, радио алып баруучу. “Журөктө калган бир ысым” аттуу ырлар жыйнактын автору. Акыркы үч жылдан бери “Белес” радиосунда алып баруучу кызматын аркалап келет. Бишкек шаарында жашайт.

 


ЖАЛГЫЗДЫК.

Жалгыздык ээлеп мени олтурам кусаланып,
Өзүмө эрким жетпей буулугуп, туталанып.
Көзүмдү туман каптап кароосуз куш сыяктуу,
Кай бирде канат байлап алыска уча калып.

Денемди толук бойдон тунгуюк каптагандай,
Ордунан жылалбаган түбөлүк аскалардай.
Жан дүйнөм музга айланып томсоруп турам азыр,
Эч нерсе кызыктырбай, эч нерсе жакпагандай.

Жүрөктү кайгы курчап жалгыздык жанга батты,
Тумандай түтүн басып күйүтүм андан ашты.
Көңүлүм ушунчалык жанчылып эзилчү эмес,
Аттиң ай менден неге мынчалык айла качты.

Алдыда үмүт жашайт кайгыга жеңдирбеген,
Комуздун кылдарындай сезимим чертилбеген.
Бир гана сураныч бар, башканын кереги жок,
Жалгыздык алыс кетчи, жашайын эрким менен.

КЕЧ КҮЗДӨГҮ САНАА.

Токтоосуздан тартылып күз кечине,
Өткөн күндөр чубалып түштү эсиме.
Жалгыз мени түшүнгөн табиятка,
Айткым келет сырымды бүт чечиле.

Айланада баардыгы ойлонушат,
Куру кыял бууланып ойдон учат.
Бир кездеги жапжашыл өмүр бүтүп,
Жалбырактар тепселип кор болушат.

Күүгүм тартып күз кечи баратканда,
Сезип турдум бир сырды дарактан да.
Шуулдаган үнү жок жансыз болуп,
Нааразыдай туюлат жаратканга.

Өмүр кыска болоорун ал ансайын,
Жалбырактар далилдейт кадам сайын.
Көмүскөдө биз дагы калаарбыз эх,
Тирүүлүктүн аз ичип жаман чайын.

Кеч күздөгү ээлеген туюк санаа.
Кала берди көңүлдө уюп гана.
Эч нерседен капарсыз жүргөн өңдүү,
Жылып барат көктөгү булут гана.

ӨЗҮМДҮ САГА ТАПШЫРДЫМ.

Күтүүсүздөн так төбөмө бак конуп,
Күн өтүүдө махабатка мас болуп.
Сүйлөмү жок сүйүү өрттөп денемди,
Сүйүнүчтөн турат көзгө жаш толуп.

Туйгансыдым зор сүйүүнү кылымдык,
Туйлап журок, от сезимге жылындык.
Туман жолду жарып чыккан бакытты,
Туюп сен да ушул кечте сырымды ук.

Бул кечте мен калптын тонун жамынбайм,
Болушунча алоолонуп жалындайм.
Ак чечимди жүрөк менен чыгарып,
Аруулугуң акыл менен кабылдайм.

Күндөн күнгө баратасың көрктөнүп,
А мен болсо түн уйкумду төрт бөлүп.
Акылымдан айнып сүйүп баратам,
Кайсы күнү кетээр экем өрттөнүп…?

Жандар элек махабаттан шаң күткөн,
Жаңылбасам ашыктыктан жан бүткөн.
Өзүмдү мен эми сага тапшырдым,
Өчүрчү да тутантчу да жалгыз сен!

КЕЧИРГИН.

Бийиктик кылып кечиргин мени кечиргин,
Билбестик менен бейкүнөө ката кетирдим.
Жашоомду көрктөп алыстан көзгө урунган,
Жарыгы сенсиң сыйкырлуу ушул кечимдин.

Кайгыга чөктүм, көтөрүп бирок турат жер,
Каарманым сенсиң бошотпой мени кубат бер.
Чымындай жанды сен үчүн аяп не кылам,
Чын дилге салып акылың менен сынап көр.

Канатын чаппа апакай үмүт, тилектин,
Адашпас болсо ашыктык баркын билет ким…?
Жаркырап таңда чыкканы менен нур чачып,
Жабыгып кээде жалынсыз деле тиет күн…

Кадамы түптүз жаңылбас болбойт эч кимдин,
Кайраттан алып азаптуу төргө жеткирдиң.
Махабат чогун жүрөккө салган баркыңды,
Машакат тартып, маң болуп барып кеч билдим.

Элге аз-аз таанылып калган жана жаңы кадам таштаган жазма акындардын мурундарын жаздым. Жазыла элек эже-агалардын, ини-карындаштардын да мурундары бар. Аларды Кудай буйурса эргүүнүн келүүсү менен жазып бүтүрөм..

АКЫН МУРУНДАР.

Жазма акындарга пародия.
(Исмаиловдун “мурундарын” жаңыртабыз)

Көйнөгү жок жармач тон этибизде,
Көрксүз мурун жалпайган бетибизде.
Ары качкан өлкөдө жашап жаткан,
Акындардын муруну эсибизде.

Көп ырлары турмуштун пайдасындай,
Көрөңгөсү Нарындын дайрасындай.
Чотурова эжемдин мурду жакшы,
Чоролордун ишенген найзасындай.

Жан дүйнөгө жаркыган үмүт тарап,
Жандуу саптар жүрөккө бүлүк салат.
Жангак мурду Жыпара эжекемдин,
Жаш мурундай дагы эле кылыктанат.

Бирде мурду ырларга толгон өңдүү,
Бир карасаң илгерки коргон өңдүү.
Калыбеков агамдын кайран мурду,
Селкилерге селкинчек болгон өңдүү.

Аруу ырлар көңүлдүн жазат черин,
А сулуулар өмүрдүн алат теңин.
Ажыматов агамдын чакан мурдун,
Аккан бойдон калтырды казак келин.

Көөдөн менен алыстан көрүп нурду,
Көнөктөтүп ырларын төгүп турду.
Манас айтса кошкуруп, мөңкүп кетет,
Рысбай деген агамдын чөмүч мурду.

Атаңгөрүү, шаар деген шаар экен да,
Алп таланттуу бир мурун бар экен да.
Армандашы бактысыз болгон менен,
Аруузатка чынында пар экен да.

Бул борборуң айрыкча тил безеген,
Булбулдардын мурдуна тар экен да.
Элмир байке, мурдуңдун кызыгы аай,
Светафордун көрк берген кызылындай.

Сайгак тийген мурундар ала качып,
Саясатка кетишти аралашып.
Элдар деген агамдын теке мурду,
Эчки болду ак үйгө кара басып…

Талант өспөйт уйкуну үч бөлбөсөк,
Таштан жасап “күзгүнү” бүткөн дешет.
Исмаилов агамдын ийне мурду,
Ичи кылкан “түрктөргө” түспөлдөшөт.

Эчен жолу эргитип сөзүн курду,
Эл апкаарып, далайга көңүл бурду.
Саяктардын түшүнө кирүүчүдөй,
Самыйкожо агамдын “көмүр” мурду.

Сөз баркына чеги жок жете билип,
Сөөлөтү да тургандай өтө күлүп.
Турсунбаев агамдын жылдыз мурду,
Турган сымал асманда көтөрүлүп.

Эргип жазып, жүрөктөн сырды чечип,
Эрлан агам баратат ырды кечип.
Суранбастан келгенде сасык тумоо,
Сумке мурду өлдү го быр быр этип.

Муңун укпай беттеги эрежеңдин,
Мурун бузат сулуусун кебетеңдин.
Теңирейип тургансыйт качан көрсөм,
Терек мурду Афина эжекемдин.

Жашап калчу тарыхта мин кылымдар,
Жазгүл эжем, Аалы акын “бир мурундар”.
Алмак салмак ырлардай куюлушуп,
Алгач түндө кантти экен бул мурундар…?

Ымыркайдай ырларын сүрөп келген,
Ыр окуса кыңкыстап жүрөктү эзген.
Кычкач мурду Алтынай эжекемдин,
Кызарууда табигый күнөс жерден.

Жерде туруп асманга канат кербе,
Жеткен мурун тепселип калат жерде…
Деген менен Айсулуу Эсен кызы,
Депкир мурдун берген дейт талапкерге.

Ар деле жок мурундун чоңдугунда,
Азап дагы көп болот чоң мурунда.
Кыял деген эжемдин дөбөт мурду,
Калат окшойт Гиннестин томдугунда.

Махабаттан кээ кезде нурду күтүп,
Венера эжем жүрчү эле ырды күтүп.
Чыккан бойдон турмушка кабары жок,
Нике түндө калган го мурду бүтүп…

Сан ырларын иштетип тегирмендей,
Сайра эжем келатат жемин бербей.
Гектар чыкчу жайкалган чоң бетине,
Голландский картошка эгилгендей.

Эрендер бар кошалбас үч сап ырды,
Элдер күтөт чийки эмес бышкан ырды.
Курчутууда бүт сөзүн ырчылардын,
Кундуз деген эжемдин мышка мурду.

Мурундан да жанат дейт учкун, жалын,
Мурундарды карачы туш кылганын.
Учак мурду Гүлзина эжекемдин,
Уй мурдуна конуптур Кутмырзанын.

Билинбеген сезимдер уяткарат,
Бир тоголок кар тийип, турат канап.
Байкап көрсөм мурдуңуз Нуриза эже,
Бат эричү балмуздак сыяктанат.

Ырды сүйгөн барбы деп ушу мендей,
Ыйынса да тартууга күчү келбей.
Жоон муруну Махабат эжекемдин,
Жолдо калып, таптакыр үшүгөндөй.

Көп кезикпейт ырында тамашалар,
Кеткен окшойт жүрөктөн жаракалар.
Өзгөчөлүү ыр жазган Каличанын,
Өзүнөн да мурду чоң, карасаңар…?

Шамал үйлөп, санаага думуктурду,
Шаардын жыты айылды унуттурду.
Деп муңканып кеткенсийт тоголонуп,
Демдуу акын Нуркыздын курут мурду.

Кеби бүтпөйт экен го бу жайыңдын,
Кереметин карачы Кудайымдын.
Чак түштө да илинбей калат көзгө,
Чай кашыктай муруну Гүлайымдын.

От ырлары дайранын кубатындай,
Оңой эмес ыр жазуу бул акындай.
Аба жетпес Сезимдин үтүк мурду,
Абдан назик чымчыктын уясындай,

Чоң акындай курч жазып түркүн ырды,
Чогулганда ортого күлкү курду.
Алыс жактан кыздардын жыты келсе,
Агып калат Умардын түлкү мурду.

Кылдат жазып, баракты сыя кылбай,
Кыял болбос Нурбектин кыялындай.
Мың мың этип оңураак ыр окутпай,
Мурду кыйнайт чебичтин туягындай.

Пейил күтүп ыр менен оңдонууга,
Периштенин канаты жол болууда.
Белес ашкан Акбардын байкуш мурду,
Безеткиден арылбай кор болууда.

Беттер болсо биз үчүн тар капчыгай,
Берет тура мурунду арнап кудай.
Танбайт муну Анарбек өзү деле.
Таноосуна он чымын жан бакчудай.

Илээштирбей жанына жансыз ырды,
Ийлей берип күнүгө сансыз ырды.
Жалаң эле камырдан бышкан өңдүү,
Жангазиев Максаттын самсы мурду.

Сынган кашык өңдөнүп сыны жоктой,
“Солдойгондон” бөлөк эч ыры жоктой.
Мырзабеков Канаттын мурду кантет,
Жер төлөөгө жабышкан грибоктой.

Эркти таштап турмуштун баткагына,
Эх мурундар, бейкүнөө акпагыла,
Султан болот муруну акындардын,
Суранаарым темирдей сактагыла.

АШЫНГАН МУУН.

Ким экенин түшүнүп эргибеген,
Китеп менен иши жок эңгиреген.
Сөңгөк жаштар сахнага толуп кетти,
Сөздүн баркын түшүнбөй делдиреген.

Уяты жок, кийиз бет ашынган муун,
Урмат сыйын жоготуп акындардын.
Арбактарын тепсешти сөз деп өлгөн,
Абдыкадыр, Баялы, Касымдардын.

Сөлтүк ырлар саат сайын кулак жарат,
Сөз бузарлар ушинтип уяткарат.
Уйпаланып сойкунун чачтарындай,
Улуу сөздүн жүрөгү турат канап.

Султан сөздү мууздаган согумчулар,
Супсак сөздү кайталап догурчулар.
Жаш куурайдын тамырын тиштеп алып,
Жалпак сөзгө маараган кой ырчылар.

Улут үчүн бир болуп, тең жүргүлө,
Улуу тилдин уругун өндүргүлө.
Эки сөздү эптүүрөөк кошпогон соң,
Ээнбаш болуп элирбей жөн жүргүлө.

May 17

Улуу жана сулуу тил!.

1984-90 ж.ж. Москвадагы М.Горький атындагы дүйнөлүк Адабият институтунда окуган. 1990-92 ж.ж. «Адабият» басмасында редактор, 1992-97-ж.ж.КТРда улук редактор, комментатор, 2000-05 ж.ж. КУАДТ да Адабият бөлүмүнүн башчысы, 2007-ж. Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында Башкы Редактор, фильмдерге редактор, котормочу, сценарист, “Де-Факто” эркин гезитинде, «Азаттык» радиосунда корреспондент-журналист болуп иштеген. Биринчи ыры «Теңир Тоо» гезитине 1977-ж. жарыяланган, андан соң «Учкун» альманахына, «Ленинчил жаш», «Кыргызстан маданияты», «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым», “Слово Кыргызстана” гезиттерине, «Ала-Тоо», «Литературный Кыргызстан», “Мурас”, “Тулпар” журналдарына, ж.б.чыккан. Алгачкы поэтикалык китеби «Бурганак» деген ат менен 1989-ж. «Адабият» басмасында жарык көргөн. 1991-ж.республикалык Алыкул атындагы поэтикалык конкурс-семинарда 1-орунду алган жана КРнын Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Алтынай Темированын «Генийдин уру» (1994-ж. Барпы театры, Жалал-Абад ш.), «Теңирдин оту» (2002-ж.» Учур театры, Бишкек ш.), «Сынык асман» (2010-ж. КУАДТ, Бишкек ш.) пьесалары Маданият министрлигинин, республикалык жана эл аралык фонддордун конкурстарында башкы сыйлыктарга ээ болгон жана республикабыздын драмалык театрларында ийгиликтүү коюлган: театралдык фестивалдарда «Гран-при», «Жылдын мыкты спектакли», «Мыкты ролдору үчүн» ж.б. сыйлыктарды алган. Алтынай Темирова кызыктуу «Тапан»(2005-ж.) төрт сериялуу көркөм фильминин, коомдо мыкты резонанс жараткан «Айтматов менен коштошуу»(«Тоолор кулаганда»), II-Ысык-Көл кинофестивалынын жанрдык Гран-Присин алган «Кадыржан» жана «Учуу аянтындагы ойлор»(2008-09-ж.ж.) даректуу фильмдеринин киносценарийлеринин автору. “Улуттун улуу гвардиясы”(2012-ж.) даректүү фильминин сценаристи, режиссеру. 1999-ж. «Сорос» эл аралык фондунун конкурсунда Алтынай Темированын «Жезит Айым» котормосу (А.С.Пушкин «Пиковая Дама») башкы сыйлыкка ээ болгон жана «Сорос» фондунан китеп болуп басылып чыккан. Андан тышкары, дүйнөлүк классикадан: Ай Циндин, Сальваторе Квазимодо, Ф.Г.Лорка, Морис Метерлинк, Султан Бабур, Жайыт Кулеби, Юнус Эмре, Дун Пыйлун, Мухтар Шаханов, ж.б. чыгармаларын мыкты которгон жана басма беттеринде, китептеринде жарык көргөн. Алардын ичинде Е.Елимжандын «Жан урааны» (2003-ж.), Морис Метерлинктин «Азиздер»(2005-ж.) «Учур» телетеатрында, Эсхилдин “Фарсылар” (2012-ж.) пьесасы Ош театрында “Ый” деген ат менен Алтынай Темированын котормосунда ийгиликтүү коюлган. Алтынай Темированын чыгармалары кыргыз, орус, фин, хинди, англис тилдеринде басма беттеринде, китептерде жарык көрүп келет. 2000-ж.бери бүткүл дүйнөлүк жазуучулардын «Pen-club» уюмунун мүчөсү. 2005-ж. «Pen-club»дын Хельсинки-Лахти шаарларында өткөн Жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк Конгрессинин катышуучусу. 2003-ж. КР маданият ишмерлеринин Ассамблеясынын мүчөсү. 2008-ж. КРнын мамлекеттик патент кызматы “Кыргыз Республикасынын жазуучулары” маалымдамасынын 1-томуна киргизген. 2010-ж. Маданият министрлигинин “Токтоболот Абдумомунов атындагы” мыкты драматург сыйлыгын алган. 2012-ж. Түрк тилдүү элдердин поэзиясын которуу боюнча “Ак Турна-II” эл аралык конкурсунда финалга чыгып «Диплом” менен сыйланды. 2013-ж. Түрк тилдүү элдердин поэзиясынын Эл аралык 10-Фестивалына катышты. Адреси: Бишкек ш. Ак-Өргөө конушу, Кайберен көчөсү – 10. Үй тел: 412 – 974; Сот.тел.: 0772 – 300 – 181.

Байыркы замандарда бүтүндөй адамзаты Көчмөн жашоону баштарынан кечирип келишкен. Ошол Көчмөндөрдүн эң алгачкысы, башкача айтканда эң улуусу, эң байыркысы касиеттүү – Кыргыз эли! Андыктан биздин тилибиз эң бай, эң улуу жана эң сулуу тил!!!

КЫРГЫЗДЫН УЛУУ – ТИЛИ ДА!

Эне тил сенин тамырың,
Алп чынар терек сыңары.
Асман-жердин өзөгүн,
Көзөп бир өсүп турабы!..

Эне тил сенин тамырың,
Алп байтерек сыңары.
Кылымдар, доорлор өзөгүн,
Көзөп бир өсүп турабы!..

Эң ыйык чексиз байлыгым –
Муундардын жол чырагы!
Жан-дүйнө – энем көтөрүп,
Рух – атам бийик чыгарды!

Баа жеткис асыл байлыгым!
Бардыгын сенден тааныдым,
Түрк тилдүү элдер – теги бир,
Билишет сенин кадырың!

Түбүбүз дешет кыргызды!
Тилибиз теги – кыргыз бу!
Атасы дагы энеси!
Тилдердин, элдин сансыз бу!

Байыркы – кыргыз тили да,
Байыркы – кыргыз дини да,
Байыркы – кыргыз дили да,
Башаттын башы – эли да!

Теңири – ыйык Жараткан,
Касиет – куту даарыган.
Манастан баштап таанысаң,
Кыргыз тил улук баарынан!

Алтынай ТЕМИРОВА. Акын, драматург, котормочу. «Барпы» атындагы адабий жана «Токтоболот Абдумомунов» атындагы драматургдар сыйлыгынын ээси.