Feb 14

Эне жөнүндө баллада..

ээ 84******************************************************************

Нуркыз РЫСКУЛ кызы.
1991-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылында төрөлгөн. Алгач Ак-Кыя айылындагы Асааналы Абдраимов атындагы орто мектептен окуп, кийин Бишкек шаардык №-87 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. 2014-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин Кыргыз филологиясы факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эл аралык «Нурборбор» чыгармачыл жаштардын академиясынын алдында уюшулган «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү. (2011) «Поэзия, сени сүйөм!» (2011) аттуу ыр жыйнагынын автору. «Кыргыз жаштар поэзиясынын» (2012) антологиясына тандалма ырлары кирген. (2012) «Селкилердин селкинчек» аттуу жаш акын кыздардын арзуу ырлары камтылган китепке ырлары кирген. Кыргыз радиосу тарабынан уюштурулган «Таланттар таймашы» уктуруусунун акындык өнөр боюнча 2-даражадагы дипломунун 2 жолку ээси. 2012-жылы Коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин диплому, (2015) Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөөлүү, бир кыздын сүйүктүү энеси. Бишкек шаарында жашайт.

ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА

Эсимде экзамендер бүтүп калган,
Эл толгон жерден унаа күтүп калгам.
Жаз эле, жука көйнөк кийип алып,
Жамгырга калып бир аз үшүп калгам.

Жыкжыйма аялдама адам батпайт,
Жылууга жамгыр төгүп кадамдатпайт.
Бир-бирин жөөлөп өтүп улуу кичүү,
Бирине, бири барып амандашпайт..

Аңгыча унаа келди толуп алып,
Арт жактан жайланыштым орун алып.
Биз түшкөн автобуска түшүп калды,
Бир Эне, ымыркайын колуна алып.

Ортоктош болуп жолдо сапарыма,
Олтурду келип менин катарыма.
Баш-аяк суу болсо да аяр карайт,
Баласын катып алган чапанына.

Бала да, отурбай тынч ыйлап келди,
Басылбай энекесин кыйнап келди.
Жүзүнөн жаш Эненин бакыт көрүп,
Жүрөгүм бир башкача туйлап келди.

ээ 84Эне да, кайыл болуп тоңгонуна,
Энтеңдеп бара жатат жолдо мына.
Бар, жокко түшүнбөгөн бал тил кезим,
Балалык келип турду ойлорума.

Ашынган элден бөлөк эрке элем,
Апамды далай кыйнап эркелегем.
Атакем баарын алат керек болсо,
Асманда айды алып берсе дегем!.

Ал кезди келет бүтпөй баяндагым,
Аягы чекити жок баяндарым.
Апамдын ачуусуна тийген күнү,
Атакем болчу жалгыз таянганым.

Эң кымбат, атам-апам жакындарым,
Эч кимге алмаштыргыс асылдарым.
Канатың жайып дайым кучагы кең,
Канча ирет жамгырлардан жашырбадың.

Азыр мен терең ойго түшүп турам,
Айлымдын жытын эңсеп күтүп турам.
Төрүнө биз чоңойгон үйдүн жетпей,
Төгүлгөн жаанда калып үшүп турам.

Сароору, кусалыкты чектесемби,
Сагынган айылыма жетпесемби.
Бүтпөгөн түйшүктөрдүн баарын таштап,
Бүгүнтөн калбай туруп кетпесемби!.

АЯЛСЫҢ ДА ДЕБЕГИН!.

Аялсың да, алсызсың да дебегин,
Аным сени күчтүү болсун дегеним.
Эң негизги жеңишим да аялдык,
Эл жериңе тийип турса керегиң.

Өйдөдө өбок, ылдый болсоң таярмын.
Өзүң үчүн бар нерсеге даярмын.
Ооматым да бактым дагы сен менен,
Ошолүчүн алсыз назик аялмын.

А сен менин аскамсың да жөлөнчү,
А мен гүлмүн мээримиңден көгөрчү.
Баарыбыздын ырыскыбыз сен менен,
Балдарымдын төрөлгөн да, төрөлчү.

Ошондуктан башыңды ылдый салбагын.
Ооматым сен, жаркын мүнөз ардагым.
Өзүң бийсиң тагдырыма, багыма,
Өмүрүмдүн баарын сага арнадым.

САЛАМ КАТ.

«Салам кат! Окуулар жакшыбы?
Сага арнап ыр жаздым жактыбы?
Эч качан айрылбай жолубуз
Экөөбүз болобуз бактылуу».

Атайын «гүл» болуп жасалган.
Алгач мен өзүңдөн кат алгам.
Күзгүнү кайтарчу адат таап,
Күнүгө түрлөнүп жасангам.

«Жолдоду кат менен саламын,
Жооп бергин» -деп койгон талабын.
Карааны азыр да эсимде,
Кат берген кошуна баланын.

А көрсө күн мурун такташып,
Апакай барака кат жазып.
Бекиткен экенсиң келишим
Бергин деп ортодо кат ташып

Андагы сен жазган каттарың,
Айрыбай эчен жыл сактадым.
Көңүлгө кыт сымал уютуп,
Көмүскө сыр кылып каткамын.

Карабай кылчайып арт жагын,
Карасаң мезгилдин шашканын!
Жакшысы мен азыр бөлөктүн,
Жарысың сен дагы башканын.

АЙЫЛЫМА БАРГАНДА..

Көп болду айылыма келбегемин,
Көөнүмдө көксөгөмүн, эңсегемин.
Байоо кез, аруу жана таза бойдон,
Балалык күнүм калган сенде менин.

Күүгүмдө көчө шаңга толуучу эле,
Күлкү,ыр,оюн түрлүү болуучу эле.
«Кой кызым,чыкпагын» – деп энем мени,
Коңшунун балдарынан коруучу эле.

Элестеп ал кезекти толкуп алдым,
Эң сонун мезгил кандай болчу алтын.
Бактылуу ата болуп өзгөрүптүр,
Балдары ошондогу коңшулардын.

******************************************************************************************************************

Oct 12

Сыр..

******************************************************************************************************************

******************************************************************************************************************
Тил 8
Кыргыздын таланттуу кыздарынын бири, жаш акын Лира КАМЧЫБЕКОВА 1983-жылдын 14-январында Жалал-Абад обулусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1999-жылы Кызыл-Жар айылында Н. И. Мешков атындагы орто мектепти ийгиликтүү айактап, 2005-жылы Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Кийим Дизайны жана Сервис факультетин бүтүргөн. Азыркы күндө өзүнүн сүйгөн кесиби менен эмгектенүүдө. Андан тышкары чыгармачылык менен да тынбай алектенип, ырлары көптөгөн мезгүлдүү басма сөз беттерине байма-бай жарыйаланып келет. Азыркы тапта Алматы шаарында жашап жана үзүрлүү эмгектенип жүрөт.

******************************************************************************************************************

КекиС Ы Р

Ак шооласы даарып лира пиринин,
Алты сөздү курап, ийик ийриймин…
Акын дешет, мени чала билгендер,
Акын эмес, мен жөн гана…
Арзууларын ырга кошкон,
Ашыктардын биримин!..

Апам, атам жагып талант билигин,
Ашык ырын жазып элге билиндим…
Акын дешет, мени чала билгендер,
Акын эмес, мен жөн гана…
Ашыгынан арзуу күткөн,
Армандуунун биримин!..

******************************************************************************************************************

А Т А – Ж У Р Т

Токтотпой тирүүлүктө өмүр улап,
Жашоого тоодой кубат берип турат.
Алыстан мен ашыгып келгенимде,
Тоолор тосот сагынып жайып кулач.

Түнөп алып түбөлүк карегиме,
Кайда барсам дем берип калемиме.
Өгөйлөнүп бөтөн эл агымында,
Көнбөсүм чын, жат жердин дарегине.

Тагдыр ташын талашып мезгил куштун,
Тоолоруна теңелип келет учкум.
Ата Журттун боз чаңын бөлөк жерден,
Сыймыктанып келип тур бийик туткум.

Баркын сезем жашоонун келип сага,
Жемиш тургай, кум-ташың бейиш мага.
Сен ыйыксың, Ата Журт, сен улуксуң,
Сенин бейпил турмушуң жеңиш мага!.

*************************************************************************************************************

фото 01А Й Ы Л Ы М

Айлансам аздык кылаар келбетиңден,
Ааламга койнуңдан кол сермедим мен.
Айылым – куттуу жерим, алтын уям,
Арча жыт бешигиңде термелдим мен.

Суктанып ай-жылдызды самап көктөн,
Секелек, тентек кезим сенде өткөн.
Сылатып саамайымды салкын желге,
Суулардын шылдыр үнүн тыңшап өскөм.

Көркүңө ким бар дейсиң тартылбаган,
Купуя сырларың көп айтылбаган.
Кереметти сендеги ырга кошуп,
Кезинде Жеңижок да бүтө албаган…

Кас туруп, эң алгачкы таштап кадам,
Кеңдикти, тазалыкты сенден алгам.
Качандыр, шүүдүрүмдөй тамчы болсом,
Кошулдум дайраңа эми шарпылдаган!..

Айлансам аздык кылаар келбетиңден,
Ааламга койнуңдан кол сермедим мен.
Айылым – куттуу жерим, алтын уям,
Арча жыт бешигиңде термелдим мен.

Аксынын куттуу жери – алтын уям,
Аксынын бешигинде терметилгем!..

******************************************************************************************************************

Т У Р М У Ш   С Е Н…

Эх, Турмуш!.. миң сыры бар сенин жолуң –
Бирин тапсам, биринин таппайм жообун…
Энчилеп, өзүң арткан түйшүгүңдү
Көтөрө албай талыгансыйт бир аз жонум…

Эх, турмуш! Неге кызык сенин жолуң?
Салмактуу да, кээде болот жеңил оюң.
Үстүмө бир тар көйнөк кийген өңдүү,
Арзууларга жете албай кыска колум.

Татымың бирде ачуу, бирде балдай,
Келемин өткөнүмө канааттанбай…
Эх, турмуш! Кээде сенин адатың бар,
Өзгөнүн да ызасын менден алмай…

Туманың бар, кееде кайра сөгүлөсүң,
Бакыт болуп, кандай жанга төгүлөсүң?..
Бирде дос, бирде душман сыяктанып,
Ай, турмуш ай, эки жүздүү көрүнөсүң…

*****************************************************************************************************************

фото 01С Ү Й Ө М   С И З Д И !..

«Сүйөм сизди!..
Сүйөмүн»,- деп кат жазып,
Сергийт көңүл, бир аз гана жай алып.
Андан нары кадаламын сөз таппай,
Арасында тамгалардын чайналып…

«Сүйөм сизди!..
Сүйөмүн»,- деп айтпасам,
Санаркаткан дартыма эм таппасам,
Жан дүйнөмө сыйбай кетем, кантейин,
Жүрөгүмдүн дүрсүлдөрүн баспасам…

Арбап мени сүрөтүңүз ар убак,
Аалам баткан көздөрүңүз табышмак…
«Сүйөмүн!» –  деп келет күндө кат жазгым,
Сөз берметин, терип сизе багыштап…

Ырга шылтап, мүмкүн даалай кат жазам?.
Өзүңүзгө тагдырымды табыштап…
Аттиң, бирок, эртеңибиз табышмак…

***************************************************************************************************************

фото 01К Е Л И П   К Е Т

Бирине бири эгиздей окшоп күндөрүм,
Билинбей азыр, бар-жокто турган дүйнөмүн…
Жаркытып көңүл, абалым сурап келип кет,
Жан дүйнөм ооруп, жалгыздык деген үйдөмүн…

Тарылып дүйнөм, унутам балким күн өтсө,
Таарынып качып, кусадар кылып жүдөтпө.
Турмушту бирөө, башкарып алып кетпесин,
Тагдырды буруп, жол салып алып жүрөккө…

Карааның издеп, кыялдар менен узап түн,
Кайрылбас жаштык, күндөрүн жалгыз узаттым…
Кусалык эзип, айрылдык түшкөн жолдорго,
Көзүмдүн жашын, көрсөтпөй далай кулаттым.

Жасалма белең, жаралап кеттиң неликтен?..
Жаш алып карек, жоопту күтөт кечиккен…
Жазыгым болсо, ачык айт… анан бир жолу,
Жолдорду бөлүп, үмүттүн жибин кесип кет…

Бирине бири эгиздей окшоп күндөрүм,
Билинбей азыр, бар-жокто турган дүйнөмүн…
Жарыгың чачып, абалым сурап келип кет,
Жан дүйнөм ооруп, жалгыздык деген уйдөмүн…

******************************************************************************************************************

С Ү Й Л Ө Ч Ү,  С Ү Й Л Ө..

Сүйлөчү, сүйлө…
Турбачы карап жалдырап.
Тунарып карек, ызалуу көздөн жаш чыгат…
Ээнсиреп аралда жалгыз калган сыяктуу,
Эзгилеп санаа, сезимдер үнсүз жанчылат…

Сүйлөчү, сүйлө…
Айласыз чөгүп, дүйнөм тар.
Айтылбай көп сөз, көңүлдө чоң боштук бар.
Кусалык жеңип, ашыгын күткөн жүрөктү,
Капалык менен калмакпы ээлеп боштуктар?..

Сүйлөчү, сүйлө…
Сүйүүдөн үмүт үзүлбөйт.
Жалының чаччы, аптаптуу жерге күз түшпөйт.
Жаштыкка салып, мен күткөн менен өзүңдү,
Жайырак агып, мезгилдер бизди күтүшпөйт…

Жарашып кайра алсын деп,
Күндөр да бизди күтүшпөйт.
Сүйлөчү, сүйлө…

айал*************************************************************


М Е Н  –  А Я Л

Мен кээде мерез болуп алгансыймын…
Муз кабак, катуу болуп калгансыймын…
Бир туруп, шайыр, шаттуу жан элемин,
А кээде көктүгүмө салгансыймын…

Жаш жанды кээде чарчоо чалгансыймын…
Жарп жазбай, оюн-зоокту чангансыймын…
Бир туруп, сабыр менен баарын жеңип,
А кээде өзүмдү өзүм тангансыймын…

Мен – аял… бирде күлсөм, кайра жашыйм…
Мен – алсыз… кайраттансам кайра ташыйм…
Мен – деңиз, асман тыптынч мелтиреген,
А кээде албууттанган дайра, ташкын…

*************************************************************


А Г А Т А Й

Санаа жок жүргөн кезде козгоп сезим,
Түшүмө неликтен кирип келдиң?..
Кыялымда ашык болгон агатайым,
Өмүрүмдүн азыгы болдуң менин…

Алгач ирет укканда үнүңүздү,
Жүрөк сокпой калды бейм, сүрүңүзбү?..
Көнүп кетер жүрөгүм үнүңүзгө,
Көңүлүмдү оорутпай жүрүңүзчү?..

Көрүнбөй бир кемчилик жактарыңыз,
Билинбей көп белести ашканыңыз…
Агатай, өзүңүзгө тартып барат,
Ашык кылып, акбуурул чачтарыңыз…

Таш элем, сиз кантип “алдадыңыз”?..
(Ансыз да арбын эле арманыбыз),
Тынч жаткан дүйнөмө бүлүк салып,
Агатайым, сиз мени арбадыңыз !..

Тил 7*************************************************
Л И Р А

Сагыныч тытып жесе көкүрөктү,
Сезимдер жакынсынат сары түстү…
Сеңселтип саамайымды шамалына,
Сен жокто жалгыз тостум ушул күздү.

Көөдөнгө сыйбай турат буулукканым,
Кантейин, көңүл улап, муңду укпадың…
Кайдадыр кетким келет ээрчип алып,
Карарган күздүн ушул булуттарын.

Күлсө да күндүн табы билинбеген,
Күү салып жалбырактар дирилдеген…
Жазылбай көкүрөктө жатат ырлар
Жап-жаңы көйнөк сымал кийилбеген.

Туйгандай муңдуу ырды жүрөктөгү:
Токтобой асман дагы шолоктоду…
Түнөргөн жашын төгүп ушул күздөн,
Тагдырым айырмасы жок окшоду…

*************************************************

А Я Д Ы М

Унчукпайсың… Мен да сага унчукпайм,
Удургуган ойго батып, тумчукпайм…
Кош бол жаным, кыялдарым кош болгун,
Күдөр үзүп, ушул түнү тынч уктайм…

Күтүп сени чыйрыкканда сезимим,
Коё албадың жан дүйнөмдү жылуулап…
Жүрөгүңдүн тоң экенин кеч билдим,
Жаным, сенден сырттагы кыш жылуурак…

Ал күндөрдөн улам узап кадамым,
Азаптарын көкүрөккө камадым…
Кыш күнүндө жалгыз калып үшүгөн,
Кечээ өзүмдү, бүгүн сени аядым…

*****************************************************************************************************************

фото 01Т Ү Ш 

Көөнүмдү эзген сагынчты чыгарып,
Көңүлүмө мүрөк сээп суугарып.
Жаздын түнү сен жөнүндө түш көрдүм,
Жолуга албай жүргөнүмдө жукарып…

Ай жарыгы жуурулушуп түн менен,
А, сен жаным түндө күйгөн күн белең?..
Ай жылдызды, а сен мени кучактап,
Айланабыз турду оролуп гүл менен…

Сенин денең жаралгандай өрт менен,
Түшүмдө да жалыныңа өрттөнөм.
Кучагыңдын алоосуна чыдабай,
Күйсө мейли, күйүп кетсин бүт денем…

Өзүңө мен белек кылып күтпөгөн,
Өмүр бою ырлар жазам бүтпөгөн.
Карегиме сүртүп алып сүрөтүң,
Эртең дагы сен жөнүндө түш көрөм!..

*****************************************************************************************************************

фото 01МАХАБАТ МЕНЕН КОШТОШУУ

Балаңды таштап, сен бизден качтың,
Башканы тандап, эшигин ачтың…
Билесиң, менин асылым элең,
Башкага кеттиң, багыңды ачсын…

Кызганам, бирок, акым жок, билем…
Кыя албай ичтен эзилип, кирдейм…
Көкүлүм сылап, койорсуң аяп,
Капыстан бир күн түшүңө кирсем…

Жолуңду бууган азгырык белем,
Жарыңдан сенин талашып нетем?..
Жүрөгүм сени турса да каалап,
Жабыкмын сага сепилдей бекем…

Деңиздей эле сезимим терең,
Дилимде менин шумкарым элең…
Тагдырга нетем акаарат кылып,
Таалайың тапкын жаш жарың менен.

Кудайга сени аманат кылып,
Коштоштум биздин махабат менен!..

******************************************************************************************************************

Ч О К !..

Муздак элем, шаан-шөөкөт жакпаган,
Көөдөнүмдү боз булуттар каптаган.
Алаканга сала коюп бир ууч чок,
азабымды колго берди бир адам,

Пайда болду чыга келип капкайдан…
Чыдай албай кызыл чоктун табына,
Коюнума ката койдум шашыла…
Ошол замат ыссык чоктун жалыны,

Өтүп кетти жүрөгүмө, каныма,
Чачкан сымал жан дуйнөмө чачыла…
Күйдү денем, алоолонуп от болуп…
Ашык болдум, калган кезде токтолуп,

Чокко кактап, отко орой салыптыр,
Эстен танып, баратамын жок болуп…
Учкундары чар-тарапка чачырап,
Суз күндөрдү менден алыс качырат.

Жан дүйнөмө жарык чачып ошол чок,
Жүрөгүмө ак сүйүүнү чакырат…

******************************************************************************************************************

Sep 24

Улуттун жаны – Тил!

******************************************************************************************************************

КЫРГЫЗ КӨЧҮ. ТИЛ. ЭНЕ.

«Кыргыз көчү», улутумдун аймагы,
«Кыргыз көчү», желбиресин байрагы!
Эне тилсиз Көч жыла албайт алдыга..
Куттуу болсун Эне тилдин майрамы!

Эне тилде сөздөр гүлдөй ачылат,
Эне тилде сөздөн мээрим чачырап.
Кыргызымдын улуу тилин туу тутуп,
«Кыргыз көчү» улам алга ашыгат!.

Кыргыз! Кыргыз тилсиз айтчы ким эле?
Кыргызмын деп төшүң какпа тимеле!
Кантип кыргыз! Кыргыз болуп өсө алат…..
Башка тилде сүйлөп жатса ата-эне!

НурзадаКыргызмын деп төшүң какпа жөн эле,
Кыргыз болбой өсүп жатат небере!
Кантип бала! Кыргыз болуп сүйлөсүн,
Башка тилде жомок айтса чоң эне!

Нурзада РЫСКЕЛДИЕВА. Акын. Маскөө шаарынан. 21.09.2015.

******************************************************************************************************************

КЫРГЫЗ ТИЛИ

Канга таркап, таасири күч дүрбөлөң,
Кандай жыргал, эне тилде сүйлөгөн!
Мына кызык! Канча жерде жүрсөм да,
Мындай сулуу тил таппадым дүйнөдөн!

Кыргыз тили – байманалуу, нарктуу тил,
Кыргыздарга энчиленген барктуу тил.
Кылымдардын бүктөмүндө калбастан,
Кырлар ашып келе жаткан салттуу тил.

Ушул тилди ата-бабам калтырган,
Ушул тил го, өмүр отун жандырган.
Иреңиме шоола төккөн кыргыз тил,
Илеби ысык үзгөн нандай тандырдан!

Кыргызсыңбы, кыргыз тилде сүйлөгүн,
фото 4Кыргыздарга «Кыргыз тилин сүй!» дегин.
Эчен тилде эркин сүйлөп көнсөң да,
Эне тил деп соксун дайым жүрөгүң!
Эне тил деп соксун дайым жүрөгүң!…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Акын. Кыргыз Улуттук Жазуучулар сойузунун мүчөсү. Маскөө шаарынан. 22.09.2015

Apr 27

Эргүү..

алдраса 5ЖАЗГЫ ЖАМГЫР.

Дыбыраган жазгы жамгыр, тып-тып жамгыр дабышы,
Коштогонсуп тирүүлүктү, эт жүрөктүн кагышын.
Тамырымды аралады айсыз түндүн биринде,
Өткөөл өмүр элесиңдей, төккөн ак жаан дал ушул.

Дыбыраган жазгы жамгыр, тып-тып тамчы дабышы,
Тыңшайм, эргийм жамгыр үнүн обон кайрып ичимен.
Жуурулушуп тамчыларга жерге сиңген ичи кең,
Мен да бир күн барамын дейм, жерге сиңген тамчыдай!

Тып үзүлүп бул өмүрдөн, бүтпөй калган ишимен.
Жуурулушуп тамчыларга жерге сиңген ичи кең.
Жамгыр, жамгыр себелеген, элжиреткен жаныңды,
Биз каалаган жашылдыктын, жазгы күндүн каны бул.

Мендеги өмүр өтсө гана, атаганат, жамгырдай,
Эл каалаган ишти бүтөп, каршы жиреп агымды.
Жамгыр, жамгыр себелеген элжиретип жаныңды!.

Маматибраим ЖАНЫБЕКОВ. Ош шаары, Ош МСУ.

Sep 11

Кадам..

ээ 68ЛЕЙЛИ МЕНЕН МЕЖНУН.

Межнун менен Лейлини кимдер билбейт,
Кайталап айтып берүү болсун милдет.
Эмесе угарманым көңүл төшө,
Байяндайм жетишинче шык-дарамет.

Болумуш, болгон дешет тээ илгери,
Болгонун жокко санайт кээ бирлери.
Болгондур, болбогондур- ал башка кеп,
Келгиле, хандык доорго бир кирели…

Лейли менен Межнундун балалыгы,
Тең өсүп, чогуу жүрүп, бир ойношкон.
Убакыт учкан куштай сызып өтүп,
Бой жетип бир-бирине ашык болгон.

Сүйүшкөн, кош жүрөктүн самаганы,
Баш кошууга мына эми, аз-аз калды.
Аңгыча кыз тагдырын бийлеп кетти,
Ата-энелер, же башкалар каалаганбы?

Тагдырдын жазмышынан кутула албай,
Тилектер бир заматта ойрондолду.
Кастыка каршы туруу колдон келбей,
Межнун минтип кечип салды акыл-ойду!

Уккандар баш чайкады жерди сабап,
Кээ бири ырсайышып табаа кылат.
Лейли да тартса керек далай азап,
Тирүү жан калган окшойт эптеп жашап.

Окуя бүткүл элге дуу тарады,
Хан да угуп тынчып туруп кала албады.
«Канакей ал сулууну тапкыла» деп,
Тапшырды вазирине жанындагы.

Буйругу хандын эки болбойт эле,
Жигиттер жар салышты бүткүл элге,
Иликтеп, андан-мындан сураштырып,
Акыры кыз да келди келчү жерге.

Хан сарай баары тынчып, тунжурашат,
Мына азыр Лейли сулуу кирет аттап.
Күткөндөй ай чырайлуу сулуу кирбей,
Кибиреп бир «куник» кыз келе жатат.

Падыша кыз турпатын тиктеп турду,
Аздан соң акылманга башын бурду.
«Канакей Лейлинин сулуулугу?
Акылдан адаштыраар кыз ушулбу?»

Акылман шартын кылып кулдугунун,
Шыбырайт кулагына «улугунун»,
«Жүрөгү болуу керек Межнундун,
Көрүү үчүн Лейлинин сулуулугун».

Таасири таамай сөздүн кандай күчтүү?
Турган эл сөз жеткен соң «дуу» дей түштү.
Ооздон-оозго өттү да тарап кетти,
Узун кеп, уламыштар бизге жетти.

Мынакей угарманым баян бүттү,
Сулууну оңой эмес көрө билүү.
Сулуулук ар-бир жанда болсо керек?
Тек гана сүйгөн адам көрөт өңдүү…

Керимбек КАДЫРКУЛОВ, Маскөө шаарынан. 10.09.2014.

Sep 07

Поэма..

ээ 66Бүбайша АРСТАНБЕКОВА. Акын жана коомдук ишмер.
«Сага» жана «Карегимде Ата-Журт» – аттуу китептердин автору.

«КУРМАНЖАН ДАТКА»

«Курманжан Датка» поэмасы жөнүндө: Поэма негизги 19 бөлүктөн турат:

1. Курманжандын төрөлүшү.
2. Курманжандын балалык кези жана касиети.
3. Бойго жеткени.
4. Той алдындагы арманы.
5. Той башталды.
6. Кыз узатуу.
7. Кокон хандыгы жана Алымбек датка жөнүндө.
8. Жалгыздык түйшүгү.
9. Элдик көтөрүлүш.
10. Абдылдабектин тагдыры.
11. Абдылдабек Ооганстанга кеткенден кийинки көтөрүлүш.
12. Камчыбектин кайгысы.
13. Курманжан Датканын арманы.
14. Курманжан датка саясатчы жана коомдук ишмер.
15. Даткага даңк.
16. Конок тосуу.
17. Курманжан датканы акыркы сапарга узатуу.
18. Датканын урпактарынын совет доорундагы тагдырлары.
19. Курмажан даткага арналган иш-чаралар.
Башталышы «Кыргыз жери – Кыргыз пейили» – деген темада башталат. Ата-бабларыбыз бейиштей болгон жерибизди баскынчыларга бербей өмүрүн арнап коргогондугу үчүн, бейиш жерибиз жөнүндө азын-оолак сөз айтылат.

Көз уялатып көктөн чачкан нуруна,
Ала-Тоосу асман тирейт керилип.
Жашыл килем жаап алган кырына,
Бейиш төрдүн керемети берилип.

Ак калпагын кийген күйөө баладай,
Аппак карлуу Ала-Тоонун кыргызы.
Түтөп, бирок түгөнбөгөн от болуп,
Улууларды улап жанган жылдызы.

Жазайын мен жалын отум жеткенче,
Датка эненин таржымалын дастанын.
Тарыхтагы өмүр жолун басканын,
Төрөлгөндөн кылым жашап өткөнчө,
Өлбөч- өчпөс, үлгү болчу жактарын..

КУРМАНЖАНДЫН ТӨРӨЛҮШҮ:
Жаз аңкыган Жапалак деген айылда,
Курман Айт күн, улуу күндүн айында.
Бир наристе келди ыңаалап жарыка,
Нур жаагандай жаркырады айыл да.

Кудай берип ыйык Курман айтында,
Кереметтүү кыз төрөлдү татына.
Киндик эне селт дей түштү, Нур жүзүн,
Көргөн кезде ыңаалаган чүрпөнүн.

БОЙГО ЖЕТКЕНИ:
Буралып бойго жетти гүлкайырдай,
Бой-мүчөсү шыңга болуп ак кайыңдай.
Жоодурайт кызыл жүзү жоогазындай,
Жаркырайт асмандагы толгон айдай.

Кокон Хандыгы жана Алымбек Датка жөнүндө ошол доор, душмандар
кол салышкан элди, жерди талап- басып алышкан баскынчылар кээде кыргыз элине кытайдан да, кокондон кол салышкан. Алымбектин жети атасы бий болуп кыргыз элин бүтүн сактап калышкан. Элдик көтөрүлүш. Ошол доор Кокон хандык эзүү күчөп Көпчүлүк эл, азаттыкты жүргөн күсөп Жонунан кайыш тилген хан бийликтен Кыргыз эли тонолуп калган жүдөп..

АБДЫЛДАБЕКТИН ТАГДЫРЫ:
Абдылдабектин баш ийиши кыйын болуп, Июль айы толгон кези жайдын толук Скобелев, Абдылдабеке кат жиберет багынып бер! деген, суроо-талап коюуп..
Фин 1

КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АРМАНЫ:
Ооба балам, боор этимден бүткөнсүң,
Сени өлүмгө турсам дагы кыялбай.
«Тик карагын – өлүмгө» – деп айтканда.
Канап турду эт жүрөгүм чыдабай.
«Тик карагын өлүмгө»- деп, а, бирок,
Кыйбай турдум көздөрүңдү жайнаган.
Бура тартып ооздуругун атымдын,
Кара жерди кучактадым, жыгылдым.
Окшуп,окшуп кара кочкул кан кустум..

КУРМАНЖАН ДАТКА САЯСАТЧЫ ЖАНА КООМДУК ИШМЕР:
Жакшы менен жаманды талдап, иргеп,
Калың элди калыстыка карай үндөп.
Хан тактысы, таажысы, болбой туруп,
Эл башкарган Ханыша чын – адилет..

May 24

Аксиома..

*****************************************************************************************************************

ээ 37

КОЙЧУМАНОВА Гүлжан Кадыровна 1965-жылы туулган. Ош педагогикалык институтунун филология факультетин аяктаган. Аспирантураны бүткөн. Филология илимдеринин кандидаты, доцент .

Жогорку окуу жайында 1991-жылдан бери иштейт. 1996-жылдан 2008-жылга чейин кафедра башчысы кызматын аркалаган. 7 окуу-усулдук  жана 1 монографиялык эмгектин, 25 илимий-теориялык багыттагы макалалардын ээси. Бир нече эл аралык илимий теориялык конференцияларда жана симпозиумдарда активдүү катышып, доклад окуган жана илимий  макалалары жарыяланган. Карьерасындагы туруктуулукка жана ийгиликтерге карабастан лидерлик сапатка жана инсандык өсүүгө карата умтулуусу аны өзүн-өзү башкаруу чөйрөсүндө сынап көрүүгө түрткү болгон.

Гүлжандын психология, баарлашуу искусствосу жана дипломатия тармагында алган практикалык билимдери, турмуштук тажрыйбасы жана ар дайым өзүн-өзү өркүндөтүүсү өнөктөштүк компанияларда эмгек жолун улантууга жардам берген. Кандай гана болбосун кырдаалды тез түшүнө билүү жана алдына койгон талап-милдеттерге туура чечимдерди ойлонуп кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнөн улам, жамааттан бөлүнүп чыгууга, өзү иштеген эл аралык компанияларда эң чоң лидерлердин бири болууга жетишет.  Аны өзгөчө кайраттуулугу, өзүн-өзү сынай билүүсү, турмушка карата болгон концептуалдуу, системалуу мамилеси, билим менен тажрыйбаны айкалыштыра билүүсү башкалардан айырмалап, өзгөчөлөнтүп турат.

Таланттуу адам бардык жактан таланттуу деп бекеринен айтпаса керек. Өнөктөштүк системасында иш аракеттерди жүргүзүү, инсандар аралык баарлашуу, жумуш процессти уюштуруу, келечекти пландаштыруу, маркетингди талдай билүү, натыйжалуу сатуулар жана команданы башкаруу боюнча чоң тажрыйбалады арттырды. Татаал жана катаал шарттардагы дээрлик аткарылбас ишти стандарттуу эмес ой жүгүртүүдөн, инсандык жана лидерлик сапаттардан улам Гүлжан Кадыровна, бул тармакта да албан-албан ийгиликтерге жетишти. Өнөктөштүк маркетинг системасындагы иштин натыйжасы катарында KGC эл аралык маркетинг компаниясында  лидерликке жетишип, Түштүк Африкага (сентябрь,2006-ж) (Марокко, Кассабланка, Ессесуэра), Турцияга (декабрь, 2006-ж)(Стамбул, Анталия) жолдома алуусу, эң жогорку даражадагы “Национальный нетворкер” статусунун (сентябрь,2007-ж) Франциядагы Канны шаарында сыйлыгун алууга жетишүүсү, “Улуу ашуу” Эл аралык компаниясында эң жогорку “Баш Төрө” квалификациясына жетишүүсү менен  Балхашка, Астанага, Анталияга жолдомо алуусу, “Сибир саламаттыгы” корпорациясында ОАЭ Дубай, Абу Дабиге (апрель, 2011-ж) “профессионал” квалификациясы менен (сентябрь,2011-ж) Скандинавия өлкөлөрүнө ((Финляндия, Швеция, Дания, Эстония) жана саякатка баруусу жетишкен ийгиликтеринен  болуп саналат. Электрондук интернет-бизнес системасында да бир нече проекттер менен иштеп “бириллиант менеджер” статусуна жетишип, (август, 2012-ж) Сочидеги “Каравелла” аттуу Эл аралык ден соолукту чыңдоо борборунун курулушуна акционер катары алгачкы кирпичин койуу аземине катышып келген. Ал кесиптик жашоосунда мээнеткеч иштерман айым  болсо, бактылуу үй- бүлөдө эки уул, бир кызга мээримдүү эне, сүйүктүү жар.

Бүгүнкү күндө Койчуманова Гүлжан жаңычыл ой жүгүрткөн мастер-класс  бизнес тренер, ийгиликке муктаж болгондорго насаатчы, адамдардын жана өзүнүн жашоо сапатын өзгөрткөн адам. Ошол эле учурда жупуну, жөнөкөй жана ишенимдүү адам бойдон калууда. Бул багыттагы ийгилик коштогон мазмундуу, кызыктуу жана жемиштүү жашоосу илим-билим чөйрөсүнө аны кайрадан жетелеп келет. Гүлжан учурга карата билим берүү тармагындагы жаңы технологиялар, натыйжалуу долбоорлорду башкаруу боюнча чоң көрөңгө топтогон. Инноватор, энтузиаст, максималист, идеяларды ойлоп табуучу – Гүлжан Кадыровнанын бизнесте жогорку жыйынтыктарга жетүүгө жана пикирлештерин жалпы максатка баштоого бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Мунун күбөсү катары  жашоодогу анын жетишкендиктери, таалим-тарбиясы, илим-билими, эрктүү-күчтүү мүнөзү, жигердүүлүгү, адеп-ахлактык принциптери, заманынан алдыда жүргөн динамикалуу өнүгүүсү, чыгармачылыгы, стратегиялык көрө билүүсү жана бийик максаттарга умтулуусу болуп саналат.

Салам деп кабар берди келгин куштар,

Жаз менен бирге келип өмүрүмө,

Тагдырдын бурулуш мезгилинен.

 

Жаныма жакын келип  жытым иске,

Тентек жел сиңирип кете электе,

Жаз болуп, жаз жыттанган илебимден.

 

Кайгыңды кубанчыңды бөлүп келем,

Сен үчүн уурдап алган  убактымда,

Сапарлаш дайым болуп өзүң менен.

 

*****************************************************************************************************************

 

Көңүлдө уялаган үмүт кербен,

Сапарга чыгат түнкү сейил менен.

Таң заардан күтүп алчы жашыл аалам,

Нур шоола чачыратып карегиңден.

 

Айланып көк шиберди бубак баскан.

Көрүүдөн көзүм тойбой кумарлансам.

Шайтан да пейилинен кайтып кетсин,

Азгырып жан дүйнөмдү курчап алган.

*****************************************************************************************************************

Ууз сүйүү жан дилиңде тазалык

Тарам-тарам тамырларың таралып,

Бүгүн мына бет алдымда турасын,

Өзүң болуп өмүрүмө гүл азык.

 

Кечээги элес кайра баштан жанданып,

Келип турат сезимдерге жаз алып.

Көңүлдө уюйт сан ойлордун түрмөгү

Кылыктанса кыз кыялы назданып.

 

Эсте калып сүйлөгөнүң, күлгөнүң

Курчоосунда санаркоонун жүргөнмүн.

Күйүт салып кете бергем, оо анда…

Сен жетпеген түп жагына дүйнөнүн.

 

Кош келипсин, баркың билээр кез келген,

Баарлашып сүйлөп берчи өткөндөн.

Жетпей калып муңга баткан махабат,

Гүлдөй жанып нурун алсын көктөмдөн.

 

******************************************************************************************************************

 

Күтпөгөм келген болсоң кабар алып

Буйрукпу, баш ийдиңби тагдырыңа.

Кездештим кетсем дагы көңүл калып,

Буулуккан бугум чыгып көз жашыма.

 

Таарынткам ага дагы болгон себеп,

Табылбас айла-амалга көңүл керек.

Окшотуп өмүр жолум башкаларга,

Жаңылган эми ал күн кайдан келмек.

 

Моюнга алып турдук, ооба, чындык,

Бул күндөр багындырса таазим кылдык.

Текебер мүнөздөр да тебеленип,

Тек гана үн катпастан карап турдук.

 

Майрамдар майрамга да окшобогон,

Маанайлар чөккөн күндөр көпкө болгон.

Сага эмес махабатка кулдук уруп,

Аргасыз аккан сезим токтобогон.

 

Тирилик тузагында күрөш бүтпөй,

Жүрсөм да келээриңди өзүм күтпөй,

Жан дүйнөм кыял менен жетип барып

А бирок турган эле күдөр үзбөй….

 

******************************************************************************************************************

 

КЫЯЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ.

 

Жашоонун дүйнөсүндө азгырылма,

Көпкө жүргөн экенмин…азыр мына

Мемиреген бейкуттук мелт-калт этет,

Тыңшасам жан дүйнөмдүн дымагына.

 

Көз жоосуна бейтааныш дүйнө кеңип,

Көкүрөккө ааламды батырам да,

Толкун болуп, чайпалып бараткансыйм…

О сезим! Сен окшойсун океанга!

 

Мажирөө тиричилик жанды эзип,

Жатса да жашыл бүчүр тебеленип…

Толкундап токтобогон кыял деми,

Дүрбөтөт өлбөстүктөн дарек берип.

 

ээ 41Нур тарап чыгыш жактан аппак, жарык

Көңүлүм көктү көздөй канат кагып,

Өжөрлүк үмүт менен жуурулушат,

Өзүмдүн, өзгөлөрдүн тынчын алып.

 

Аралап тамырымды, өзөгүмдү,

Кандайдыр эргүү берип бир керемет.

Жагымдуу илебинен ушул күндүн,

Бермет кылып сезимди барат ээлеп.

 

Унуткарып өзүмдү, башкаларды,

Ойлоп турап… таң калам…суроо салам…

Тагдырдын ар жагында тагдыр барбы,

Опурталдуу мезгилдин оту жаккан.

 

Баш ийбеген ой менен тирелише

Эргүү менен кыялда учат дүйнөм,

Толтуруп асманымды зор үмүткө,

Талаа болуп, көл болуп өмүр сүрөм.

 

АКСИОМА

Үшкүрсөм да демим чыкпай өрт болуп,
Буктурмада калган өңдүү абалым.
Зилдеп кеткен көңүл дарттын түтүнү.
Чымын жаным сыздайт көрүп карааның.

Жүрөктү эзип жатса дагы бул өмүр,
Өжөрлүктүн күүсүн чалып бараттым.
Үн катпастан каршы туруп өзүңө,
Кара жаан бороонуңду тараттым.

Гүлдөй өңүм боппоз болуп ошондо,
Төгүлө албай көпкө турду  буркурап.
Ай талаага чачкан кезде өзүмдү,
Күн желеси күүгүм тартты утурлап,

Жеңил мүнөз жаалы күчтүү соңунда
Жалбырттады кагазга окшоп шарактап.
Өмүр баян бир аз жетпей соңуна ,
Барактары бараткансыйт аяктап…

Сени менен өзүм эмес көлөкөм,
Жандап турду дос-душмандын көзүнө.
Жан дилимди сууруп алып денемден,
Жалбарганга жаратканым бир күбө…

Мээрим күтпөй кайыл болуп баарына,
Мейкиндикке чыгып кеттим таңкы заар.
Ташкындаган селге тутуп өзүмдү,
Алсыз болуп   ийбесмин  күң сыңар.

Көңүл кушу кеткен учуп зымырап,
Өткүн өттү…мезгил артка кайрылбас.
Ал түнөгөн жерде калды кызгылт так,
Томолонуп түшкөн кезде тамчы жаш.

******************************************************************************************************************

 

Тынчымды алып кандайдыр бир табигат,

Көңүл отун удургутат жандырат.

Дилдеги “мен”кудурети  адамдык,

Кучак жайып кечки күндөй албырат.

 

Аппак булут мен эңсеген жамгырлап.,

Кетти сезим жерге көккө тамырлап.

Айкалышып кайра тартпай өжөрлүк,

Жана дагы мемиреген жаз бурак…

 

Нурлуу дүйнө сылап өттү тез ийги,

Кыдыр даарып турганымды сездиңби.

Күлө карап топ ичинен суурулуп,

Көрдүң бекен келе жаткан кезимди.

 

Жылжып келип мага тааныш жылуу дем,

Жумшак гана сүйүп өттү жүзүмдөн.

Көрүнүштөр үнсүз, сөзсүз жылт этип,

Карегиме чагылышты күзгүдөн.

 

Бурулуштан издеп тапкан сыңары,

Бир каранды ээрчип кетти кыялым.

Жүзүм менен чырмалышып чыккандай,

Бутактаган ойду кантип жыямын.

 

Бир үзүмү сенде беле тагдырдын,

Аргам куруп турган кезде сезим миң.

Жан аттуудан демөөр болуп бир өзүң,

Өмүр сабым актай кезде кезиктиң.

 

Бул жашоонун мүрөк суусу сен болуп,

Булак болуп агаарына кепилмин.

Куру сөздөн, кур дооматтан алыстап,

Кыял менен куруп алган сепилим.

 

******************************************************************************************************************

 

Таарынып жүрөт дешти сени мага,

Себебин билбейм дедим сураганга.

Мүнөзүм өтө назик бир жан элем,

Кай жерден жаза тайып калдым жана.

 

Байкабай өткөн өмүр шарданында,

Баркыңа шек келтирип эл алдында,

Башканы жандап басып кеттим бекен,

Жарты жан бүтүн болуп турганыңда.

 

Жүүнүң бошоп жүрөккө бугуң толсо,

Жүзүңдөн күлмүңдөгөн кан жоголсо,

Аруу бир сезимдердин учкундарын,

Жоготуп алдымбы дейм бир болбосо.

 

Тапшырып көңүл оттун сынагына,

Үмүттүү көз чаптырып турганыңда,

Көңүлдү алагдылап шайтан алгыр,

Өчүрүп алдымбы дейм жаза тая…

 

Өзүмдү көрсөң бүгүн… баары башка,

Өзгөргөн мүнөзүм да салмактана,

Турмуштун казанында кайнай берип,

Көзүмдөн жаш да чыкпайт жада калса.

 

Үмүттүү жашоом дагы уланууда,

Кыялдар дүйнөсүндө пейлим таза.

Ал күндөр өзүм үчүн баалуу болуп ,

Жашоомдун калган алтын тасмасында .

 

******************************************************************************************************************


Кызганыч отун жагып сезимдерге,

Каратып сени сүйлөйм туш келгенге.

Жылдызың жанып турган өчө түшөт,

Катарда турган менен бош келгенге.

 

Үшкүрүп кейпин кийбе мусаапырдын

Үмүтсүз шайтан басат көз ирмемде,

Сүйүүнүн ысык демин уурдабасын ,

Албырттап араң турат эриндерде.

 

Кыялым кылыктанып сен дегенде,

Эркелесем арзуумду тепселебе.

Өткүр болуп, өмүргө өткүр болуп,

Өзгөчө сезим оту жанат менде.

 

 ******************************************************************************************************************

 

Ынандырып сүйлөө үчүн мен сага,

Өйдө-төмөн өткөндөрдү тизмелеп.

Көз алдыңа өмүр тасма тартканда,

Жан дилиңди коюуң керек биргелеп.

 

Баарын сага базар кылып айтканда,

Бүтүндүктү башка-башка барчалап,

Сөздүн дагы кудурети жетпеген,

Мүнөттөрдү кете көрбө аркалап.

 

Көңүл калып ооруганда бириндеп,

муңдуу сырды айткан болсом тизмелеп.

Махабаттын антына бек турбаган,

Пендең эмес периштең да жиндемек.

 

Тагдырымдын улагасы түбүндө,

Болсо-болор менде дагы кемчилик.

Көз жаздымда көңүл иргеп турбаса,

Тоодой жүктү көтөрбөссүң менчелик

 

Кечир  дедиң мээр отун тартуулап,

Менде башка айла барбы билгенге.

Жашоом үчүн жарык таңды агартып,

Жан киргизүүм керек эле сезимге…

 

******************************************************************************************************************

 

Кол булгалап тургандай элес берип,

Мажирүм тал ийилген жүз имерип,

Сыдырым жел ыргалтып жибек чачын,

Сыбызгытса… жан дүйнө күүгө келип,

Коңгуроодой кагылат сезимдерим.

 

Шүүдүрүмдөн жүзүнө атыр себип,

Жол улап жолоочудай бирге келип,

Колот тарап шылдырттап үн чыгарып

Шыңкылдаса… шыр дүйнө обон керип,

Коңгуроодой кагылат сезимдерим.

 

******************************************************************************************************************

 

Талпынып учуп көксөгөн жерим бийиктик

Тагдырдын татаал бороонун туштай болуп тик.

Арымы катуу чыкса да чапкан аргымак

Мээнетсиз бактың жөн эле болбойт дегенсип.


Дос болдук эле толукшуп турган маалымда,

Доорун да сүрдүк берешен кезде табылга,

Өзгөдөн дагы өзүңдүн жүгүң оорлоп,

Орунсуз жерден октодуң күрөө тамырга.

 

Илдеттүү болуп өзүмдү аяп турамын,

Алдууга алсыз, жагымсыз болуп абалым.

Көңүлчөөк жандын жазасы ушул болот деп,

Изденип  жаттым сооротуп таппай амалын.

Өзүң деп ойлоп жүргөндө менин канатым,

Кантемин эми айыгаар бир күн жараатым.

Жүрөктү сууруп берүүчү сага жан элем,

Керегим тийбей калчуудай чөгүп турамын.

 

Эртели кеч жетилээр менин канатым

Күн нуруна чагылышаар карааным.

Көөдөндөгү сапырып  салып санааны,

Бул мезгилдин саламын алып бараармын…

 ========

Кайран жылдар мен силерге батпаган, 
Кыял-тилек көңүл отун жакпаган.
Жашаш үчүн мыйзамыма баш ий деп,
Ал кездерде турмуш мени таптаган.

Күлкү угулбай күүгүм кирип таң аткан,
Күйгөн гана табы калган жанымдан.
Мөлтүрөгөн көзүм жашка жык толуп,
Жараткандан далай ирет жалынгам.

Изденгем адашпастан багытымдан,
Жетелеп алга карай үмүт арткан.
Сыноолор өмүр сабым тизмектетип,
Тепкичтен тепкич болуп жол узаткан.

======

Өңүмдү тааныгандай өзгө жандар,
Өзүмдү далай тааный албай жүрдүм.
Жан дүйнөм тажаалданчу ийге келбей,
Тирилик түпкүрүндө калган күнүм.

Чырмоок баскан отоо чөп чиеленип,
Тамырын бууп улам жолдорумдун.
Килтейген баш кармалбас итийге окшойм,
Дартына чалдыкканда ойлорумдун.

Татаал ой жүгүрткөн… татаал турмуш
Митедей жемин жеди тагдырымдын.
Өмүрдүн жарык таңын ыраа көрбөй,
Күңүрттөп жүзүн үрөйт жараткандын.

Денем ооруу, көңүл ооруу, бүт ооруу
Жугуму жок жашоом ооруу сарооруу.
Жүрөгүмө эсебимди бере албай,
Түрткүлөгөн турмуш болчу баш ооруу.

=====

Бир гана өзүм, жан дүйнөм,
Түйүнүн чечип сырлардын.
Байоолук менен багынткан,
Тамырын тарттым жылдардын.
=====
Үзүлгөн үмүт уланып, 
Кыялдар кайра куралып. 
Жарыгын чачып тургансыйт, 
Эңсеген күндөй нурданып.
=====
Жөө күлүк болдум күүлөнүп,
Өмүрдүн сынын көп көрүп,
Дүйнөмдүн түбүн көмкөрдүм,
Казына каткан өңдөнүп.

======

Кечигип кечирим сурап келдиң,
Кечиргин байланыш улабайм деп.
Мен сенин атыңды да, затыңды да
Өчүрүп салган элем өз дүйнөмдөн.. эми канттим?

Күткөнмүн көпкө чейин, көпкө чейин,
Үмүт үзбөй күткөнмүн келээриңди.
Күн-түнү эшигим да ачык эле,
Ошону пайдаланып баары кирди.

Кечиргин башка сөздү айта албаймын.
Сен кандай экениңди биле албадым.
А бирок, төрүмдөгү орунум бош,
Башкага буйрубады кайран жаным.

Алдагың келген эле… алдандым мен.
Кайрадан келдиң неге, максатың не?
Көп мезгил өткөндө унут калып,
Кечирсем-кечирбесем андан эмне?..

Унутайын  анда анын баарын .
Убакыт дарылаган эми бизди.
Каталар биз кетирген сабак болуп,
Баалайбызбы бирибиз- бирибизди?..

Не болду эле?… эскерейин сен да эсте,
Сөз менен ок атыштыкпы ошол кезде?..
Кайрадан адашып калдым го деп,
Кечирим сураганга болбос беле?..

“Телефон. Үн угулат …Сен кимсин?…А сен кимсин?
Мен эч ким… Сен да эч ким?.. Үзүлдү байланыш да.
Бирибизди бирибиз таанып туруп,
Батынбадык кайрадан чалганга да.”

Жарытпадык дүйнөбүздү жаралап,
Сөзгө маани берген болсок эгер биз.
Түшүбүздөн чочугансып бул сапар,
Ок атыштык, тирүү калдык кимибиз?

Өчүрүп салган белек тизмебизден?
Номери да, баары анык турса да..
Дайынсыз бойдон калдык андан кийин,
Чалбадык, кат да жазбай …бүттү мына.

Заары катуу тийип танган сөздөн.
Тоңуп, катып, жат болдук бир заматта.
Адашып чалдыкпы же атайылап?
Бүт дене муздап кеткен не кылсак да…

Келдиңби?.. Тике кара көздөрүмө,
Жан дүйнөңдүн күзгүсү не дээр экен…
Жүзүңдөгү жылмаюуң, жылдызың да,
Мурдагыдай бактылуу кылаар бекен?…

=====

Ишеним отун жагып жакындарга,
Жан дүйнөм гүлдөй жайнап көктөм болдум.
Турмуштун мыйзамына баш ийген соң,
Түшүмүн мол алуучу дыйкан болдум.

===

Жакшылыктын үрөөнүн сепкен сайын,
Жүрөгүм кең ааламда сайран курат.
Сүйүүнүн чачыласын чачкан сайын,
Жашарып баратамын өмүр улап.

=======

Ийгиликтин баскычтары ушундай.
Жаңы кадам баштагандар уттурбайт.
Көндүм жашоо жалкоолуктун белгиси,
Өмүрүңдүн бөксө жерин толтурбайт.
===
Бир тамчы суу жуткуруп суратпастан, 
Бүт дүйнөңдү сууруп алган жандан сактан.

Ойлор, ойлор ойготот уйкудан да,
Тизмектелген сүрөттөр түш өңдөнөт.
Тири укмуш кадрлар көңүл бөлсөм.
Жан киргенсийт аларга, тил күрмөлөт.

Ойлор менен алышсам таң атканча,
Ой кырларды ашырып оюн салат .
Оттой жанып оргуштап түн өткөрсөм,
Күн да мага ортоктош жүзүн бурат.

Күндөп-түндөп тирешип тагдыр мага,
Табиятын көргөзбөй сыр жаадырат.
Тамчыларын чогултсам араң-араң
Бороон келип карматпай көккө чачат.

Жашоо үчүн күндөрүм чагылгандай,
Бир жарк этип өмүрдүн таңы аткандай.
Мезгил менен жарышып баратамын,
Күн нуруна чагылган ак булуттай.

====

Бир күн маанай тийген күндөй,
Бир күн бүркөө кабагым.
Жан дүйнөмдө бир агымга сыйбаган,
Табиятты бүтүндүккө жыйнадым.

Мен жөнүндө түрлүү жомок жаралса,
Бирде жагып, бирде жакпай адамга.
Жан дүйнөнүн татаалдыгы ушунда
Байкагандай, өз билгендей сындаса.

Табитине жакпаса да жазышса.
Ак-кара деп талкууласа, талашса.
Менин ар бир бөлүкчөмдү барчалап,
Андан кайра бүтүндүгүм жаралса.

А мен ошол учур болуп ар дайым,
Мүнөттөрдүн арасында жашасам.
Бүгүн ушул, эртең балким башка деп,
Өзгөртсө да, өздүгүмдөн танбасам.

Булак болуп жерди жарып агылсам,
Асманымды булут көзөп жамгырдан.
Тобун бузбай толкуп улуу күч менен
Дарыяма тамчы болуп агылсам.

Канткенде да өз дүйнөмдөн танбасам,
Толкуп ташып чоң деңизге кошулсам.
Чабак уруп тереңдикке багыттап,
Аалам берген эркиндикте чыйралсам.

====

Кайран күндөр бул турмушту байкабай,
Жыл узатып сезим отун жоготкон.
Маани бербей болоор-болбос нерсе деп,
Өз өмүрүн өзгө жандай короткон.

Бир күн келет жан дүйнөңдү жашырбай,
Бүтүндөйм деп издөө сала баштаган.
Баары турса эмне жетпейт мага деп,
Биригүүнүн изин таппай сыздаган.

====

Түшүмдө да, өңүмдө өзгө жандай,
Түрлүү жолду өзгөртүп куралалбай.
Тирүүлүгүм жаргылчакка салынса да,
Тунуп чыгат аруулук жаны бардай.
===
Чексиз дүйнө нур жөнөтүп көктөмдөй,
Жан дүйнөмө эргүү берип өткөндөй,
Тур-турагой алга кадам ташта деп,
Тамтуң бассам апам беттен өпкөндөй.

Кыялдарым өзүмө окшоп тынчый албай,
Заманымдын агымынан артта калбай,
Өзгөчө ойлор келет жан жубатып,
Булактын көзү ачылган тамчысындай.

Сезимге бай адаммын, сезимге бай
Жоктон барды жараткан түйшүгүм ай.
Түп көтөрө ааламды аңтарсам да,
Түк кебелбес жүрөктүн күчтүүсү ай!

=====

Арбашып бирибиз-бирибизди,
Таңуулап тура келбес пикирлерди.
Тирешүү менен өмүр өтүп жатат, 
Талкалап аруу тунук сезимдерди

====

Бир татым сезим үчүн жүрөктү жаралабай,
Үйрөнүү керек болду жылмайып коштошууну.
Эки жээк башка-башка, биригүү мүмкүн эмес
Кезикчүү бардык жолдун жок беле тосмолору.

Көңүлдү жылытууга бир ооз да сөзүң калбай,
Уттумбу баш ийбеген амалкөй ойлоруңду.
Эмнени күттүм экен билбедим деги сенден,
Күз эле ошол мезгил күткөндөй коштошууну.

Тагдырга баш иймейин кутулуу болмок эмес,
Турмуштун жандырмагын издебе, деги койчу.
Алыска аттанса да азгырык орду турган,
Саргарган жалбырактай күбүлүп жерде жатчу.

====

Ишеним изги жолун таппай замат.
Ичи тардык митедей ээ, атаганат.
Конулго суу себилип турган кезде,
Билинбей ошол сезим сызгып отуп,
Жан дуйного жарака салып турат.

Айтканга анын баары оордук кылат.
Коргон коз коодонго да сыйбай турат.
Создун да кереги жок мындай кезде,
Журоктун тамырланы катмарланып,
Очуруп жалынынды сыртын салат.

Аргасыз бейкуноо жан азаптанат.
Билдирбеске дем издейт ээ, атаганат.
Айла-амалга малынып калган кезде,
Турса да бет мандайда жуз жайнатып,
Дилиндеги сууктукту кайда катат.

Жол бербестен жабылып калса журок
Туногу жок бир далай коздор журот.
Терс бурулуп кеткен он мындай кезде,
Жаратканга коер болсон бут тапшырып,
Жарк эткен откундой бол кулумсуроп.

Кен дуйно кээ бироого тардык кылат.
Жан дуйнонун сынагы ээ, атаганат.
Пенделик деп кечирсен да мындай кезде,
Азгын омур аз убакыт уткан менен,
Жообун берээр туболук сыноо турат.

ъъъ

Бир тамчы суу жуткуруп суратпастан, 
Бүт дүйнөңдү сууруп алган жандан сактан.

ъъ

 

СЕЗИМ ЫРГАГЫ

Ушу бүгүн сергип турган сезимдердин,
Күүсүн чертип ырдагым келет менин.
Жан дүйнөсүн бапестеп баккандардын,
Арасында мен бакыт тапкан кезим.

Дил сырларын термелеп жүрөгүмдөн,
Албууттанып агууда сезимдерим.
Көөдөнүмө жарык нур бергендердин,
Көөнүн алып көшүлүп турган кезим.

Ак пейилден аздектеп сөз берметин,
Арууланткан ааламдын кереметин.
Ар убакта бар болсун арабызда,
Акыл калчап жашаган энелерим.

Албан эмгек жараткан эл алдында,
Агаларым бар болсун билек түргөн.
Асыл наркты жоготпой араңарда,
Обон созуп, ыр арнап тизе бүгөм.

ъъ

УЛУУ ИНСАН

Майда барат турмуштун ичиндеги,
Маанай жарык бир пенде иргеленди.
Өткүр мүнөз, өзгөчө өмүр сүргөн,
Өз мөөнөтүн өткөрүп бириндеди.

Бардыгына акылы жетик кезде,
Жарык өчтү капталды туңгуюкка
Жан ооруусун дабаалап келген менен,
Жан дилинен жабыркап турмушунда.

Акыл сезим, ар-намыс кулдугуна,
Бой сундурган эркиндик чеги бүттү.
Көөдөндү ээлеп боштондук… акыркы дем…
Кези келип акыркы үмүт өчтү…

Өтө татаал ой-сезим курмандыгы,
Баарын билип, билбес жан боло алдыбы?
Көңүл эмес, көөдөн жетпес бийиктиктен
Бир дем менен үмүт үзүп кое алдыбы?

Чаржайыт чачылган ойлор калды
Кечирим сурай албай заманынан.
Бар эле го пенделик акыркы кеп,
Жаранына айтылып… айтылбаган…

Жан дүйнөсү жарык эле, адал эле,
Жайнаган тегиз тийген күндөй эле
Тирүүлүктө ийгилик ал жараткан,
Өтө эле бийик эле, бийик эле…

Узак жол, татаал күрөш тириликте,
Уучунун кур экени билинбеспи?…
Улуу сапар… көч өйдөлөп баратканда,
Уланаар урпактарда жашоо кени?!…

“Эл үчүн”- деп жасаган ак эмгеги,
Унутулбай узун болсун келечеги.
Кыргыздын өчпөс өмүр тарыхында,
Ыйык болсун УЛУУНУН бийиктиги!

ъъ

Мен азыр жашыл арал багындамын,
Көлөкөм көзгө урунбайт кадам менен.
Сапарым алга сүрөйт үмүт артып,
Өмүрдүн көктөм гүлүн эңсеп келген.

Жүзүмө шоола чачып жаркын таңым ,
Жүрөктүн тандап алган күүсү менен.
Тилегим бир өмүрдү алга сүрөө,
Тирилик жибин кармап ишенимден.

Кыялдар дүйнөсүнда саябанмын,
Азгырып жан дүйнөмдү ээрчип келем.
Өзгөчө жашыл арал сапарында,
Көөдөндү көкөлөтүп сергийт денем!

Жандырып сырлуу жашоо табышмагын,
Оргуштап оттой жанган сезим менен.
Багынтып баш ийдирип сыйкырынан,
Чер жазып ырахаттанат бүткүл денем!

 

 

+++++

Көп болду жалпы сөзгө жамынганым,
Сүйүүнү өз атынан атабадым.
Акыл-эс, жүрөк сезип туйган менен,
Өзүмдү өзүм издеп бүтө албадым.

Керемет сүйүү сезим табышмагын,
Өмүрдөн чечмелеймин жандырмагын.
Өзүмдү толтурам деп жашай берем,
Жан дилим ичтен кайнап саат сайын.

Адаммын, кемтигимди жашырбаймын,
Ар дайым жолум түзөп сапардамын.
Багынтып алгым келет, алгым келет
Бүтүндөй сезимдердин падышасын.

Жан дүйнө сырын ачып даарыганмын,
Изденип келе берет жаңылангым.
Баары бир бул өмүрдө тынымым жок,
Сүйүнүн падышасын багынтмайын!

ъъ

Убакыт көз ачып жумганчалык,

Таң атып, күн батканын билбей калып.

Бир күндүн эсебин да бере албай,

Катуу бир кейип турам ушунчалык.

 

Азгырып саат сайын канат кагып,

Кыялым алып учат оюн салып.

Түш сымал кармалбастан өмүр өтөт,

Күнүмдүк тиричилик ишим калып.

 

Сооротуп алдап коем өзүмдү өзүм,

Эртеңки күнүм бар деп көңүл үчүн.

Көнүмүш адат менен жүрсөм болмок,

Уят ай башкаларга артпай жүгүм.

,

Ойлонуп ой учугун таппай  карып,

Ордумдан так секирткен эргүү калып.

Өзгө эмес өзүмдү да таанытпаган,

Жалкоолук оюн курат минип алып.

 

Өзүмдү бактылуу жан кылгым келет,

Мөмөлүү дарак болуп тамыр жайып .

Тирилик казанында кайнай берем,

Бир өмүр жашаш үчүн жүзүм жарык.

 

May 21

Автопортрет..

******************************************************************************************

Гүлжан КОЙЧУМАНОВА.

Гүлжан КОЙЧУМАНОВА.

КАТЫЛЫП ЖАТКАН СЫР ДЕПТЕР.. *******************************************

КӨҢҮЛ ТРАГЕДИЯСЫ.

Уу чачып салдың,
Акылы кыска “жаным”
Денеме тарап кетти,
Кызытып бойдо каным..

Ууккан жүрөгүмдүн,
Айыгаар айыкпасын.
Билбедиң…кызыкпадың…
Дабаасын  таба албадым.

Жалооруп бүткүл дүйнөм…
Жагымдуу эңсөө каткан.
Бүлүнгөн бойдон калды.
Булутка кирип ак таң…

******************************************************************************************

Көзүңдө калган,
Түпөйүл арман жаш толо.
Жүзүң да купкуу.
Эрдиңди кесе тиштейсиң.
Сагыныч басып,
Зарыгып келсем алдыңа,
Неге эле мынча,
Өзүңдү бөлүп жиктейсин.

Жүүнүм бошоп,
Өткөндү козгоп ой толгоп.
Оорусам да сезбейсин.
Сезимим тоңуп муз болуп
Көөдөндө боштук турса да,
Сыйымды билбей кирдейсин.

Эх, койчу деги!
Шоруң же бактың экеним,
Дагы эле айрып,
Өзүмдөн тааный албадың.
Бир эрдик жасап,
Турмуштун таңын агартып.
Көксөөмдү баскан,
Көгүлтүр оттой жанбадың!.

******************************************************************************************

ээ 35

Арттагы калган күндөр,
Аларда майда, сынык,
Күмүш сындуу жатат издер.
Кайгысын, кубанчын да жаркыраткан,
Толкуну ашып-ташып жээкти жапкан!.

*************************************************

 

Чоң ачып тереземди,
Жарыкты сыртка чачам.
А өзүм түнгө сиңип,
Түн болуп бара жатам….

*************************************************

Сагынып жүрүп,
Сарыгып көңүл көктөмү.
Аруулук сенден,
Арзуунун назы өчкөнбү…

Аралык алыс,
Багынтып алып сезимди.
Жазыксыз бойдон,
Көңүлдүн жазы өткөнбү!.

*******************************************************************************************

Чырмалышып бой өстүрбөй чөктүрүп,
Отоо чөптүн арбаганы, арбаган.
Акыл-сезим арасына сыйбаган,
Майда сөздүү жан дүйнөңө таң калам.

*******************************************************************************************

Жүрөгүм музга айланып,
Өзүмдү өзүм жектеп турганымда.
Жагымдуу дүйнөң менен,
Жылуулук алып мага келет дегем…
Өзүңдү мөлт эткен бир үмүт менен,
Күткөн элем… күткөн элем…

 ******************************************************************************************

Улуу жолдо сапарлаш боло албадың,
Канчалык күлүгүм деп чегерсем да.
Үмүттүн жибин үздүм,

Башка арга калбаганда.
Кош эми… артка жол жок,
Келет деп жол караба,
Чегерген бойдон калды,
Турмушуң эски араба!
эски араба…

*******************************************************************************************

Өзүмдү бир аз эле аяп койсом,
Көзүмдөн жашым тамат, жүүнүм бошоп.
Мен дагы аяганга муктаж окшойм!.
******************************************************************************************

КҮЗГҮДӨГҮ ЖАЗУУ.

Байкатпа, баарлашпа!
Бардыгын өзү сезип
Жүрөктү тыңшабаса.

Көрсөтпө, жаш чыгарба,
Көңүлдүн гүлүн ачып,
Көксөөңө суусабаса.

Башыңды төмөн салба
Гүлзарың тепселетип,
Баркыңды биле албаса.

 

Сөз айтпа , кабарлашпа.
Сезимге сезил курап,
Бир сендик боло албаса.

Төгүлгөн көз жаш менен,
Төгүлүп бүттү баары,
Болду жетет.

Өмүрдүн бул үзүмү,
Жаздагы жаап өткөн,
Өткүндү элестетет!.

*******************************************************************************************

ээ 35

АВТОПОРТРЕТ.

Жан дүйнөм күлгүн курак,
Үлбүрөп араң турат.
Жайылган мейкиндикте,
Жылт этет жалгыз чырак

Кундуз чач кыроолонуп,
Жан дилим муздай тоңуп.
Тамырдан ажыраган,
Турамын  гүлдөй соолуп.

 

 

Тамырым ташка урунуп,
Кыйроого келген белем.
Сыздаткан жан дүйнөмдү,
Өжөрлүк  жеңет дегем!.

Дүбүртүм катуу чыгып,
Күрөшкө умтуламын.
Баарына кайыл болуп,
Сапарда курчу жаным!.

*******************************************************************************************

Сен дуулдап турган кезде ууланып,
Жараатыма анан калса туз салып.
Тынч  өмүрүм өтпөй калды өңдөнөт,
Бардан-жоктон, өрттөн-суудан кур калып.

Бул жазмышка келбей даале багынгым,
Жан дилимдин отун берип жагылдым.
Жарыктыкка батпай жаным буулугуп,
Жалгыздыктын аралына кабылдым.

*******************************************************************************************

Ишенип алып,
Жолумдан калып,
Жоошутуп айткан сөзүңдү.
Кабарың күтүп отурам,
Сооротуп, өзүм өзүмдү.

Жүрөктө соксо,
Бир аз да болсо,
Билдирип сезим өктөмү.
Болбогон жерден,
Бүлүндү жандын көктөмү.

Бул күндөр сыноо,
Жолдорум курчоо,
Тирилик ага себепкер.
Эртерээк эле
Мезгилдер өтсө ким билээр.

Унутта калып
Убайым тарткан бул күндөр
Санаага салган өзүңдү
Улантыш үчүн жашоону
Кечирээр белем ким билээр.

*******************************************************************************************

Тыңшачы түндүн,
Тынчтыгын бузган пенденин.
Өкүмү катуу,
Өксүтүп келип жеңгенин.
Теңине албай,
Тебелеп турса аесуз,
Күнөөсүз жерден,
“Кечирчи мени” дегенин!.

Тыңшачы жандын,
Өксүп бир турган жүрөгүн.
Жазыксыз жерден,
Жазасын алып  бирөөнүн,
Жабыркап калды
жарака кетип айласыз,
Өңүнөн кетип,
Көз жашка жуулган гүл өңүн.

Үзүлбө үмүт,

өзгөрүү болот

  • *******************************************************************************************

Көрүнөт дүйнө сонун, жаңы гана!..
Чыйырда из калтырган кадамымда,
Сүрүп таштап кайгы менен кусалыкты.
Бет келдим кыянаттык адамыма,

Көз жарган наристедей оттой жана,
Ууккан күндөр замат унутула,
Жаңырып, жаңыланып кирип келди,
Ааламды батырчуудай кучак жая.

Бир кезде мен жактырган пейлиң менен…
Жакшынын шарапаты болуп келген,
Дагы да жакын болуп чырмалсаңчы,
Аралыкты багынтып ийилбеген!

******************************************************************************************************************

ээ 40

Эми сенин кезегиң дегиң барбы?
Ээ тагдыр, тамашаңбы оюн курган.
Эч кимди таназарга албай коюп,
Ээликкен кезимде да баш ийбегем,
Эмнеге демим өчүп мында турам?.

Жаш баладай кыялым албууттанып,
Жазгы жааган өткүндөй мөөнөтү аз.
Жалын чачкан өмүргө өзүң болуп,
Жазыгы жок жорукту баштабагын, Жасалмага кайдигер болоорум саз.

Мээнетим катуу кезде омкорулгам,
Мээримге муктаж кезде кол сунгансың.
Мен аны башкалардай тана албаймын, Мезгилдер өткөн менен дартым ырбап, Мелтилдеп дагы көздөн жаш жуулбасын..

Жан дүйнөмдүн жалын оту түгөнүп,
Жашыл жаз да көзгө турган көрүнбөй.
Жабырканып жакындардан, алыстан,
Жарыгы жок, көөдөн толо дарт толуп,
Жашаганда жакын элең бөлүнбөй!..

Бийиктик кимге кандай? Жакын же алыс,
Биригип бир келгенде жаралангам.
Бириндеп бардыгынан көңүл калып,
Билбеймин кимге досмун, кимге душман,
Бир кезде болбос жерден каралангам!..

Жүрөгүм көтөрө албай жүдөп бүткөн,
Жүгү оор болот тура  бул турмуштун.
Жүз ирет мүдүрүлдүм тегиз жерден,
Жүйөлүү жообун бере албай турам,
Жүзүнө орноп алган коркунучтун..

Өзгөгө баш ийдирип ушул сезим,
Өзүмдү өрткө салып турган кезим,
Өткөрүп келе жатам күтүү жандап.
Өксүтүп гүлдөй назик көңүлүмдү,
Өмүрүм эңсегенге жетпей демим..

Тагдырга буйрубаса бул арманым,
Таарынбасмын бекем болсун дарманым,
Тамаша же чындыгын биле албай.
Таалайым өзүң болуп каалаганым,
Талпынып өзүң жакка агыламын..

Оюмда нелер гана эңсебедим,
Октолуп даяр турам омкорууга,
Орношуп алган эле ошол илдет.
Ооматы келип турса жашоо жеңил,
Окшотуп кыял менен жолугууга..

Ачылып ырбап кетээр кайра баштан,
Айыкпас менин эски жараларым..
Азабың тарттырсаң да таазим этип,
Айла жок баш ийдирип жазмышыма,
Арманы күчтүү дүйнөм карманаарым..

Сезилип бардык жакта караганым,
Сеңселип айла таппай байланамын.
Сезим менен тамаша кылган болбойт,
Серпилсе акыр бир күн акыл жеңип,
Сел болуп туш тарапка тараламын..

*******************************************************************************************

ИШЕНИМ.

Мен сага айтпаганда кимге айтамын,
Дартымды көөдөндөгү тынчымды алган.
Тагдырга баш ийбеске айла барбы,
Байкатпай  сезимдерге бүлүк салган..

Кайрадан жанып турса нур жүзүңдөн,
Көркүңө коошпой аттиң сырдуу дүйнөң.
Алоолоп оттой жанып баратамын,
Ашыглык дартка айланган  күйүтүмдөн!..

Бир өмүр сапардагы жүрүшүмдөн,
Тарттырып куру алган үлүшүмдөн.
Күүлөнүп толкун турса айла барбы,
Күйүтү күүгө келбес үмүтүмдөн..

Кимге айтамын чынымды сага айтпасам,
Карегимде шүүдүрүмдөй жаш тунук.
Күү-шаа түшүп асман ыйлайт өксүгөн,
Толкундары үмүтүмдү ташка уруп!..

 ******************************************************************************************

АКЫҢ БАРБЫ?

Ишенимсиз оту өчкөн сөздөрдөн,
Ийге келбей турса мүнөз өзгөргөн.
Сен мени кызганганга акың барбы,
Ирмеле албай катып калган көздөрдөн..

Айып дебейм ашык болсо көз көргөн,
Айтылбастан сыры турса көөдөндөн.
Сен мени кызганганга акың барбы,
Айла таппай турган болсоң өзүңдөн.

Жакса да жарым көңүл бөлүнбөстөн,
Жадыңда калган болсо көрүнбөстөн.
Сен мени таарынтканга акың барбы,
Көңүлдү өрттөп, ооруткандай жөндөн-жөн.

 *****************************************************************************************************************

ээ 39ЫР ЖОЛУНДА.

Күн чыгат мен тараптан нурун чачып,
Кыялды тирүүлүккө туштап барат.
Кайдадыр бийиктикке умтуламын,
Жан дүйнөм өзүң барда серпип канат..

Туптунук арзуум менен дилим бердим,
Өзүмдү өзүм арнап сага келдим.
Бүтүндөй түштүгүмдүн аптабынан,
Оттуу күндө ойгонду эргип демим..

Жүрөктүн кан тамыры күүгө келип,
Өмүрдү гүлдөтүүгө болду себеп.
Түпкүрдө жалындаткан нурду козгоп,
Жараткан өзү колдоп турду демек…

Сезимге жан жибиткен элес төгүп,
Гүлталаа күн нуруна жуурулушту.
Жаныма күч келгенде жагып кубат,
Өмүрдүн демөөрчүсү жолугушту.

*******************************************************************************************

Ойлордун курап алып асылдарын,
Белекке тартууладың көз тумарын.
Көпчүлүк арасынан көлдөй болуп,
Көксөөсүн таптырчуудай ашык жардын..

Бир үзүм элестерден жүзүң курап,
Көз нурун чачыраткан көңүл улап,
Үмүттүү үлпүлдөгөн жалгыз чырак,
Бийиктеп көтөргөндө калды урап..

Ой чубап тартуу кылган белегиңден,
Чоочуркап араң кабыл алган элем,
Жан дүйнөм жалбырт этти ошондо эле,
Жалындуу касиети күчтүү экен..

*******************************************************************************************

 ОЙГО ЧАКЫРУУ.

Олтурамын өткөн күндү даректеп,
Кайдан-жайдан кайгы мага тушташат.
Мүнөздөрдө оош-кыйыштар толтура,
Сезимдерге себелентип суу чачат.

Жакшы тилек жан дилиңде жүргөндө,
Көкүрөккө кек чогултуп кор болбой.
Асыл сапат адамдыгың от жагат,
Сансыз ойлор ортобузда жөн койбой..

Бул жашоонун мыйзамы ушул турбайбы,
Ак, каранын казанында кайнамай.
Бирде жеңип, жеңилесин а бирде,
Алтын аяк колдо турса байкабай..

Ишенимсиз сезим эрип бүткөндө,
Тийген күндөй жаркыратып көңүлдү.
Майдачылык эрегиштик көңүлдүн,
Караңгылык түпкүрүнө көмүлдү..

Пенделикке баш ийдирбей өзүңдү,
Залалы жок сүйүү болсо талашың.
Барктай билсең ушул аруу өмүрдү,
Ыйманыңды бир тазартып алаарсын..

Басып өткөн жолдоруңда из калып,
Жаман күндөр сапырылсын жел үйлөп.
Өмүр жолу жакшылыкка чакырат,
Абийир турса бийиктикте желбиреп.

*******************************************************************************************

Жан дүйнөңө аян бердим деп,
Жалын чачып сырдуу жылмайып.
Сезген болсоң эми канттиң деп,
Табышмактуу турдуң жылмайып..

Байкоо салып туш-туш тарапка,
Сөз жылдырсам жөн жай акырын.
Таарынч жана кызганч ээлеген,
Көз карашың көрдүм асылым..

*******************************************************************************************

Учкундары ушул жаздын,
Суусундук.
Көөдөн чаңкап турган үчүн,
Жутундук..

******************************************************************************************************************

ээ 41Сагынып жүрүп, сарыгып көңүл көктөмү,
Аруулук сенден арзуунун назы өчкөнбү…
Аралык алыс багынтып алып сезимди,
Жазыксыз жерден өмүрдүн жазы өткөнбү…

Басынта берип баркыңа жетпес пендеңе,
Таалайы тайкы жашоого акың бар беле…
Теңирим сынап тагдырың болуп турса эгер,
Ооруган  жандын дабаасы болчу сен деле…

ЖАЗЫЛЫП БҮТПӨЙ КАЛГАН ЖАРТЫ ЫРЛАРЫМ

Жаздын күнкү көктөмдөй өмүр багып,
Жер жарака кеткендей көңүл калып,
Жаштыкты эриш-аркак өткөрүпмүн,
Аткарган баш ролдорго талдоо салып,
“Ак”, “кара” деп тагдырды иргептирмин.
Үлгү боло албаган күндөрүмдө,
Акыйкатсыз жашоодон кирдептирмин.

Артка кайрып бараткан сапарымдан,
Ак барактан жан көрдүм араң турган.
Күүгүмдө күнгө илешип өткөн сайын,
Адилеттик издөөдөн жараат алган…
Жанды ыроолоп башкача сестенгемин,
Жаштыктын жалын отун көрүп калып,
Кайтсам же кайтпасам деп жиктелемин.

Таймашып тагдыр менен өзүмдү издеп,
Сапар тартып жашаган курчтугум ай!.
Болоор-болбос жолдордо мүдүрүлүп,
Азап тартып өткөргөн жаштыгым ай!
Өмүрдүн сыноосунда батып муңга.
Маңызы жок жашоого көңүл кирдеп,
Ал кезде да өзгөргүм келгем тура.

Өмүрүм өтсө дагы көктү жиреп,
Башымдан бак көрүнсө ушул күндө,
Сапарым өргө чыгып өзгөрсөм да,
коркомун … көч козголуп кетпесе деп.
Саргарган ак барактан жарык иргеп .
Байлыгын кайра таап отурамын,
Аруулугу сактаган жан дүйнөм деп.

Колго илешип иргелген ыр саптарым,
Сакталып калган дүйнө дөңгөлөгү,
Өзүмдүн багытымды издеп жүрсөм,
Эске салды иргелгем көктөмүмдү.
Даректеп ушу күндө өтмүшүмдү,
“Жакшы”, “жаман” деп жүргөн күйүтүмдөн,
Мезгил өтүп бааланчу бак көрүндү.

Жаштыктын жалын күчү сакталыптыр,
Жазылып бүтпөй калган эски ырларда,
Жашоомдун мөл булагын таап алдым,
Жанданып кайра баштап ыр чачыла.
Жылт этип жан дүйнөмдүн көз ирмеми,
Бүтпөй калган саптарда калган тура,
Мезгилдин мүрөк суудай касиети.

Ыр саптар арасында жашырынган,
Касиетиң табылып кыял талаам,
Каныма сиңип барат көңүл назы.
Сезим өткүр жалында таң атырган
Издеринде өзөктөп тамырлаган.
Ой-сезимде жалындайт чачыласы ,
Жарыгы күчтүү чыгып жарты ырлардан.

Гүлжан КОЙЧУМАНОВА, Ош шаарынан, 20-май, 2014-жыл.

Jan 22

Үй..

15

КАНТКЕНДЕ ОҢОЛОБУЗ!.


Киргиздерди кыргыз жеринде деги кантип кыргызча сүйлөтсө болот деп айласын таппай жүрчүмүн… Атамбаев президент болуп шайланарда шайлоо ойдогудай болбосо элди көтөрөбүз дегендерге кыжаалат болуп жүргөм. Мендей эненин баары тынчтык самайт да. Бир күнү уулум уктап жатып күлүп атыптыр. Кичинесинде уктап атканда көп күлчү. Аны эстеп элжиреп кеттим. Анан ыр келе баштады, ырдай баштадым. Адегенде 4 эле куплет болчу. Эртеси эки курбум менен шаардын четине баратабыз. Жолдо ката балам эжелери менен орусча сүйлөшсө ага адатымча “кыргызча сүйлө” деп бир нече жолу эскерттим. Дагы бир жолу эскерткенде башын чулгуп тигилерди көрсөтүп, таарынгандай бултуя түштү. “Мени эле тыя бересиз, тигилер орусча сүйлөп атса кантейин?!” дегени да. “Канткенде оңолобуз!!!” деп ичимен тындым.

Аңгыча бир курбум: ”Ырларыңдан ырдачы”- деп калды. “Кечээ чыккан ырды ырдап берейин” деп ырдап атып, баягы кантип оңолобуз деген ойлордон “кыргызга орусча сүйлөйбүз” деп уланып барып, аягы саясий ыр болуп калды.

 

КЫРГЫЗЧА.

 

Жөн эле сүйүнүп, жөн эле,

Күн чыгат мээрим чачып.

Аба да дем берет жөн эле,

Албайбыз аны сатып..

 

Булуттар жөн эле калкышат,

Асманга сүрөт тартып.

Дайралар жөн эле агышат,

Тоо демин түзгө ташып.

 

Наристе жөн эле жылмаят,

Мемиреп уктап жатып.

Энелер жөн эле элжирейт,

Аталар бата тартып.

 

Жөн эле дос, жолдош күтөбүз,

Төлөбөй эч бир акы.

От болуп жалындап күйөбүз,

Сүйүүдөн татып бакыт.

 

Табият таптаза жөн эле,

Сатылбайт, кунсуз, баасыз.

Бизде да бүт эле жөн эле,

Жүрөбүз жайдар басып.

 

Жадабай козголоң кылабыз,

Дээрлик натыйжасыз.

Беш жүз сом берсе анан сатылчу,

Кул болуп намыс-арсыз.

 

Кебелип койбойбуз жөн эле,

Эл-журтту курман чалып,

Бабалар өткөнбү жөн эле.

Кыргыз деп бекер жанып?!

 

Комузда кол ойноп чертебиз,

Укмуштай чебер сансыз.

Кырааттап “Манасты” айтабыз,

Эмне үчүн элим алсыз?!

 

Кыргызга орусча сүйлөйбүз,

Тил буруп булдурашып.

Баатырлар кыргыз деп жан берсе,

Биз болсо чулдурашып.

 

Ай жаркыйт Асманда жөн эле,

Жылдыздар жымыңдашып.

Кыргызым баарына чыдайбы,

Айдаган жакка басып?!

 

Жөн эле, мейли эми, жөн эле,

Жылдыздай жымыңдашып.

Жаркылдап күлөлү, кантели,

Жөн эле көңүл ачып…

 

Жөн эле баарын тең бериптир,

Тең Ирдин мээри ташып.

Жөн эле биз кесир кылбайлы,

Өзүбүз тепсеп, чачып!!!

21-22.10.2011.Бишкек


ҮЙ.

Үй деген кайтып келе турган жайың,

Кыйналып турса дагы алсыз жаның.

Үй деген – сени чексиз сүйүшкөн жер,

Ишенип, үмүт менен күтүшкөн жер.

 

Карачы, канчалаган үйлөр турат,

Көбү бош, тургундары жүрөт куурап.

Үй деген – Бакыт кирчү Ыйык турак,

Үйдү адам жүрөгүндө өзү курат.

 

Үй – Сүйүү, ыйык Сүйүү чек билбеген,

А Бакыт – көлөкөсү эрчий келген.

Сүйүүдө дайым жашоо – адам парзы,

Антпесе, кишиң – кабыр сөөк салчу.

 

Мен дагы үй курайын алым барда,

Ишенип жүрө бербей бу жалганга…

1989 – жыл.

 

Сагынып бүгүн келдим, досум-дайра,

Ырыңды уккум келип кайра-кайра.

“Мен күттүм, келбей койдуң” деген өңдүү,

Элестеп туруп алдың койбой жайга.


Жээгиңде кечке чейин турайынчы,

Шарыңды моокум кана угайынчы.

Ыр келсе сени менен бирге жыргап,

Алкайын жүрөк берген Кудайымды.


Көк кашка сууң сонун мөлтүр, тунук,

Оргуштайт өжөр толкун агым бузуп.

Бир секунд тыным албай ашыгасың,

Мезгил жок, кыймыл түзгөн жашоо кызык.


Башатың ыйык тоодон чыккан, таза,

Арт жакка сен акпайсың такыр кайра.

Тайманбай улуу максат көздөгөнсүп,

Мүнөзүң окшоп кетет баатырларга.

 

Сени менен мен да ырдай баштадым,

Санааларды унуттуруп таштадың.

Бакыт го дейм Кудай мага ыйгарган,

Жээгиңде намаз окуп басканым.

 

ЖЕҢИШ.

 

Сүйүү менен жашап келген жүрөгүм,

Турмуш сени шыктандырбай калганбы?

Жалындаган сезимдердин оту өчүп,

Эми баары бу дүйнөдөй жалганбы?

 

Чогултам деп чын дүйнөнүн байлыгын,

Сүйүнчү элең кайгыларга багынбай,

Оргуштаган кубанчыңдан дайын жок,

Бүлбүлдөйсүң чоктун алсыз табындай.


Башкаларга нуруң чачып токтобой,

Канчаларды жөлөп-таяп дем берип,

Жароокерим, отко айланып күйгөнсүң,

Канчалары сүйүүң менен эмделип…

 

Эми болсо жалындабай, күйбөйсүң,

Ошолордой эмне өзүңдү сүйбөйсүң?

Бирөө үчүн эмес, өзүң үчүн да,

Эмне оорубай алдуу-күчтүү жүрбөйсүң?

 

Эчтеке эмес, бул да өтөт, терикпе,

Түбөлүктүү эч нерсе жок жалганда,

Жаралганбыз биз башынан жеңишке,

Ошондуктан эч нерседен тайманба.

 

Бизден мурда өткөндөргө из улап,

Затташтырып өнөр менен нурларын,

Улуу ыйык Устаттардан биз улам

Апкелебиз кабарларын, ырларын.

 

Мен – Жашоомун, Чындыгымдын Жарыгын,

Жараткамын себеп болуп баарына,

Укмуштуудай сулуулукту жагымдуу,

Көзгө сүйкүм кооздуктун баарын да.

 

Мага берген өмүр менен Тең Ирим,

Жол тандоого укугумду, эркимди,

Өнөрдү да таңдандырган элимди,

Ырларды да, обондорду, эбимди.

 

Мен жараткам ушул сонун дүйнөмдү,

Кут Ур Этүү (Кудуреттүү) чексиз Жашоо-агымда,

Мен тандагам түркүн жолду күмөндүү,

Жеңиш менен бүтөм деген баамымда.

 

Дагы деле мен жеңишти тандаймын,

Тагдырымды тобокелге салбаймын,

Маңдайыма жеңиш гана жазылган,

Жеңиштерге гана өзүмдү арнаймын!

12.07.2012.

Бурул ЖАКЕЕВА. Бишкек шаарынан.