Sep 23

Бет ачаар..


ААЛАМ. АКЫН. КЫРГЫЗДАР!.

Ооба, кубанычтуу күн. Биз көптөн күткөн, эңсеген күн. Эмнеге? Шайлообек агай айтпадыбы, «биздин убакта мындай жыйнактарга кошула албай кала берчүбүз» – деди го?. Ушул жерде отурган акындарга аралашып мен да бир саамга такшалып калган акын боло калдым, кыялымда. Анткени, менин да эки ырым бул жыйнактын бетинен орун алып отурат. Чынында акын болуш кайда? Поэзия түпкүрү түгөнбөгөн, мухиттей чалкыган өзүнчө бир кенен аалам эмеспи. Мен азыр жээгин да бойлой элекмин.

Кой, көп кыялданбай кеп төркүнүн бүгүнкү ачылыш аземге кыскача токтолойун. Башталды. Келчүлөрдү күтүп, кадимки кыргыз адаты менен бир топ кечигип барып баштадык. «Аалам, Акын, Кыргыздар». Мына ушундай аталыш менен «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобун негиздеген Көч башысы, учурда Финляндия өлкөсүнүн борбору Келсинки шаарында жашап жана иштеп жүргөн эркин журналист Асыран Айдаралиев агайыбыздын жана Италия өлкөсүндө жашаган, айтылуу акын Байдылда Сарногоев атабыздын кызы Гүлсана Сарногоева эжекебиздин демилгелери менен туптуура 52 жаш-карысы аралаш акын калемгерлердин ыр жыйнагы жарык көрдү.ээ 4

Кирип келген Мамлекеттик тил майрамынын урматына, Эне тилдин урматына арналган бул жыйнактын ачылыш аземи, айтылуу инсандардын жана китепке ырлары кирген акындардын катышуусу менен бүгүн Алыкул Осмонов атындагы борбордук Улуттук китепканада болуп өттү. Жакшы кеп, жакшы ойлорун ортого салып Жогорку Кеңештин депутаты Урмат айым Аманбаева, Кыргыз эл акыны Шайлообек агабыз Дүйшеев, Акыйкатчы институтунан атайын өкүл, Италиядан ат арытып келген Гүлсана эжекебиз жана башка бир топ кадырлуу адамдар жакшы тилектерин каалоолорун бөлүштү. Эне тилдин кадыр баркы бир топ жогору көтөрүлүп эле калды бейм. Баары эле минте бербейт эмеспи.

ээ 52Турмуштун түмөн түйшүгүнүн аркасы менен аалам кыдырып иш кылып, илим изденип эмгектенип кеткен мекенчил кыргыздардын баштарын бириктирип, атайын топ түзүп, ошонун аркасы менен эне тилди, маданиятты, ата-салтты, бабаларыбыздын адебин бийиктикке тынымсыз үндөп келе жаткан Асыран Токтоналиевич  агабыздын эл үчүн кылган үзүрлүү эмгектеринин дагы бир зор жемиши экенин кантип танабыз?. Бул китепти жарыкка чыгаруунун бирден бир максаты, сатып акча табуу эмес, аны элге жайылтып, учурдун оомалуу төкмөлүү күндөрүндө өз арабасын өзү түртүп, ээ 55ушундай катаал заманда да акындык өнөрдү туу кылып кармап келе жаткан жаштардан, кыргыз элинин уучу куру эмес экендигин айгинелеп, алардын жазган ырлары менен өсүп келаткан муунга дем берип, шыгын ойготуу максаты көздөлгөн. Бул китептерди жети обулустагы аймактык жана айылдык китепканаларга белек катары бекер таратып берүү максаты коюлган. Буюрса бул максаттын ишке ашуусу алдыда турган иш. Бул да болсо китеп окуудан калып бараткан кыргыз элинин жан-дүйнөсүн ойготуу, китеп окууга үндөө болуп саналат.

Эне тил майрамыңыздар менен урматуу Көчмөндөр! Жыйнактын чыгуусуна өз салымын ошуп демөөрчүлүк кылган агай эжелерибизге, жана ошондой эле башкы демөөрчү Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!.

Чолпонбек ЖЕТИГЕН. Атайын «Кыргыз Көчү» үчүн. Бишкек шаары, 22.09.2014.

Aug 30

Жөрөлгө..

ЖЫЛУУ МААНАЙДАГЫ ЖЫЙНАЛЫШ.

«Кырдан-кырга көчкөн калк, кыргыз деген көчмөн калк» деп жаздым эле илгери-кийин. Аныгында эле ушул айтканым чын окшобойбу. Анткени, биз, кыргыз улуту кыргыз болуп жаралганы, тагыраагы, жер каймактагандан бери, көчмөндүк духту көөнө боюбузга терең сиңирип, айтөгөрөк ааламдын алкагында ар кай жерге көчүп конуп, өтөлгөлүү өмүр күндөрүн кечирип келгенибиз жашыруун эмес го? Бул жөрөлгө күнү бүгүнгө дейре татыктуу уланып жаткандыгына карт мезгил өзү күбө. Асыресе, көчмөн экенибизге карабастан, биз, ынтымакты сүйгөн, кандайдыр бир улуттук ариетке, нарк-насилге тиешелүү иш-чара өкүм сүрсө, арыдан бери чогула калып, баш бириктирген намыскөй калктардын катарын толуктайбыз го? Андан калса, дүйнө жүзүнө чилдей тараган кыргыздарды ааламтор аркылуу байланыштырган, бири-бири менен тыгыз алакалашууга үлкөн үлүшүн тынымсыз кошуп келе жаткан «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тайпасынын негиздөөчүсү, ушу тапта финндердин Хельсинки калаасында жашап жаткан Асыран Айдаралиев агайдын да далалаты зор экенин баса белгилесек жарашат. Ырасында эле Ата Журттан алыскы жерлерде жүргөндө биригип, сыр чечишкенге не жетсин! Ушул өңдүү көрөңгөлүү көрүнүш, «Жылуу маанайдагы жыйналыш» күнү кечээ эле, мындайча айтканда, үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Москва калаасында жүз бербедиби, «Кыргыз Көчү» тайпасынын демилгесине ылайык. Негизинен, буга эки фактор себеп этпедиби. Биринчиси Кыргыз өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө карата 23 жыл толушу болсо, экинчиси учурдун беделдүү жазуучусу, Эл акыны, аты кыргыздын кыйырына таанымал калемгер агайыбыз Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгына карата кеңири талкуу жүргүзүү маселеси эле. Эмесе кеп башынан болсун…
ээ 36
Аталган күнү күүгүм талаш ченде мындайча айтканда 18:00 дө «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тайпасынын мүчөлөрү Алтынай Дүйшеева, Толукбек Меңдебай, Акылбек Мураталиев, Акылбек Мамадалиев, Улан Болотов, Уулкан Амираева, Мирлан Дубанаев, Айсалкын Сооронбаева, Самара Насырова, Азизбек Асабала, Сайрагүл Полотова, Керимбек Кадыркуловдор Москвадагы Кыргыз ээ 55Элчилигинин кеңсесине чогулдук. Бизди Кыргыз Элчилигинин катчысы Айымкан Кулукеева эже кучак жайып тосуп алды. Анан жыйын өтчү залдагы орундуктардан орун алганча эң алгач Шайлообек Дүйшеевдин өмүрү чыгармачылыгын камтыган «Отко чуркаган бала» даректүү тасмасын көрдүк. Дээрлик жарым саатка чукул созулган тасманын жүрүшүндө баарыбыз ойго муюдук. Шайлообек агайдын жөн жеринен жазуучу боло калбаганын, башынан оор тагдырды кечиргенинен кабардар болгонсудук. Ырасында эле тагдыры жок акын болбойт эмеспи. «Таланты жок акын болсо болоттур, бирок тагдыры жок акын акын эмес» деген сыңары акынга ириде, тагдыр керек белем. Кенедейинен жетимдиктин запкысын тартпаганда, ата менен эненин мээримине каныгып өскөндө балким Шайлообек агай жазуучу болбой калмак чыгар. Нетсе да, бул да тагдырдын буйругуна жараша да. Тасманы көрүп бүткөн соң, Шайлообек агайдын жаз алды басмадан жарык көрүп, учурда колдон колго өтүп, кызуу окулуп жаткан «Агындылар» деген китеби тууралуу ой бөлүштүк. ээ 49Бир даарыбыз аталган китепти сатып алдык. Чынында эле «Агындылар» өзгөчө китеп. Саамалык да. Буга чейин кыргыз адабиятында мындай керемет китеп болбосо керек эле. Ушул китеп колго тийген жаныбыз энебиз эркек төрөгөндөн бетер кудуңдаганыбызды бир айтамбы же эки айтамбы? Айтор, руханий азык алчу китепти дароо баштыгыбызга салганча шаштык. Эми жатканда жаздыгыбызга жазданып, турганда колдон түшүрбөй окучу эрмегибиз табылганга кадимкидей эрдемсибедикпи. Китептин кудурети ушунда эмеспи. Анан да Шайлообек агайды жакындан билген, өзү менен жолугуп, дидарлашкан Акылбек Мураталиев, Алтынай Дүйшеева, Акылбек Мамадалиев, Айымкан Кулукеевалар Шайлообек агайдын баладай элпектигин, табигатка танапташ өскөн алпейим мүнөзүн, ак жүрөктүүлүгүн сөзгө кыстара кеттик.

Ал ортодо бири-бирибизди Эгемендүүлүк майрамы менен кызуу куттуктап, күнөстүү Кыргыз өлкөбүз тууралуу да кең-кесири кеп учугун чубагансыдык. Эгемендүүлүк демекчи, быйыл 31- августта ,туп- туура 23 жыл толот. Ушул жылдар аралыгында Кыргыз өлкөбүз не деген күндөрдү гана баштан кечирбеди дейсиң. Эки ирет мамлекеттик төңкөрүш болду. Аткаминерлерибиздин шалаакылыгынан өлкөдө жумушсуздук оожалып, элибиз сыртка жактарга дарыядай агылдык. Антсе дагы табиятынан намыскөй жаралган кыргыз калкыбыз азаптарга моюн сунуп калбадык. Ийгиликтер жылоологон күндөргө жете келдик. Канткен күндө да эгемендүүлүгүбүз эң сонун жетишкендигибиз эмеспи. Тарых барактарына саресеп салсак нечендеген өлкөлөр эгемендүүлүккө ээ болбой, күнкордуктун сазына белчеден батканы маалым. Ушул себептүү Эгемендүүлүгүбүз кут болсун дегенибиз ийги болор. Дагы бир нерсени эске сала кетсек, «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тайпасынын акыркы мезгилдердеги алгылыктуу иш аракеттери жөнүндө, улутка, тилге, маданиятыбыз менен адабиятыбызга карата жасаган камкордуктары жөнүндө да маектештик. Ошентип, омоктуу ойлорду ортого салган жыйналышыбыздын соңунда Кыргыз Элчилигинин имаратынын оң канатында жайгашкан «Байхан» аттуу кафесине кирип, дасторкон үстүндө даам сызып, шартылдата ыр окуп, дил кушубузду көкөлөтүп, эстеликке сүрөткө түшүп, кечени уюштурууга көмөк көрсөткөн Элчибиз Болот Жунусов мырзанын дарегине, «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тайпасынын негиздөөчүсү, дал ушул мыкты иш чаранын башкы демилгечиси Асыран Айдаралиев мырзанын дарегине ыраазычылык пикирлерибизди билдиргенче, маданияттуу кечеден 22-30дарда үйгө тарадык. Тараганда да, кандай дейсиң, укмуштай сезимдердин жетегинде тарадык. Көңүлүбүз куунак тартып. Черибиз жазылып, убайымга ууккан учурларыбыз эстен жуулуп. Ушундай жолугушуулар байма-бай болсо кана, аттигиң! Ушундай жолугушууларда кайрадан жүз көрүшкөнчө, аман бололу, Теңир жалгасын, Көчмөндөрүм, бир боорлорум!..

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары ,29-август, 2014-жыл.

Jun 18

Маанилүү маек..

ээ 21Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны:

«ЭНЕМ МАГА КУДАЙДАН ЭМНЕ ДЕГЕН УЛУУ БАКТЫНЫ СУРАП БЕРИП КЕТКЕНИН ЭМИ ТҮШҮНДҮМ» 

– Агай, сиз менен “Агындылар” аттуу китебиңиз тууралуу сүйлөшсөмбү дедим эле. Китептин тагдыры жакшы болду. Биз да бир нече ирет үзүндү бастык эле, телефон чалган окурмандардын аягы азыркыга чейин басылбай келет.

– Рахмат! “Де-Фактонун” барбаган жери жок экен, Суусамырдын жан жетпеген жеринде бээ саап жүргөн аялга чейин жетиптир. “Кымыз чыкканда келип китебиңди алып кетем” – деп чалды. Силерге үзүндүсү чыккандан кийин миң китеп төрт айга жетпей тарады. Акжолтой гезит болдуңар. Буга чейин деле китеп чыгаргам, бирок тагдыры мындай болот деп күткөн эмесмин.

– Китептин баш сөзүн жазган Табылды Эгембердиев: “Шайлообектин “Агындыларын” көнүп калган бир дагы жанрга жабыштыра албайсың. Бул роман да, повест да, очерк да, аңгеме да, мемуар да эмес, иши кылып эчтеке эмес”, – деп жазган эле. Сиз ушуга макулсузбу?

– Табылды деген Кудай колдогон киши, анан ошондой Кудай колдогон киши бекер айтмак беле. Жазып атканда жанры тууралуу ойлогон да эмесмин. “Агындылар” боюнча курстук ишин жазып аткан кыз “Китептеги эненин образын кандай жараттыңыз эле деп сураганы келдим” дегенде мен ага: “Образ-мобраз” деген оюма да келген эмес, болгону энемди менден жакшы билген эч ким жоктугун, ыраматылык өмүрүндө оозуна эч жаман сөз албаган, кыйналган жашоосу үчүн заманга догун артпаган, эч кимге даттанбаган, бечара турмушу үчүн эч кимди күнөөлөбөгөн, тапкан-ташыганын жалгыз мени багууга жумшап, жокко да, барга да чыдап, өлөр өлгөнчө мээримин төгүп жашаган, кокустан байкабай жаман иш жасап алса, “Кудай, анымды кечире көр!” деп артынан кайта-кайта жакшы иш жасаган кемпир экенин билчүмүн, ошондуктан аны менден бөлөк эч ким айтып бералбасын ойлоп, энем тууралуу айтып берейин дегем” деп айттым.

– Айылдын, адамдардын, кыштын, жолдун, чөптүн, чаңдын сүрөтүн тартканда көзгө кудум эле кино тарткандай элестетет экенсиз. Сөзүмдү бышыкташ үчүн “Агындылардагы” ушундай бир сүрөттү толугу менен келтиргим келип турат: “Шапалакка сүйрөлүп келаткан, али табы кайталек Күн. Көп туякка чыдабай ойгонуп кеткен таш жол чаңып барат. Ымтырап чаң да ыкшоо, жерден бир аз эле көтөрүлүп, уйкуга мас болгон эмедей саксайып тура калып, бозала боло түшүп, темтеңдеп барып аңызга бети менен тийип, оонап жыгылат. Жол жээгинде чабылбай кала берип, ансыз да өңү таанылбай калган кодура чөптөр, бою өспөй калган куу шыбак кумсаңдай түшүп тим болот…”. Мындай адамды тамшанта турган сүрөткерлик сизге кайдан келген?

– Мен бир ирет, “жаш кезимде сүрөтчү болсом деп тилек кылып жүрүп, айлам жогунан сүрөтчү болалбай калгам, бирок анын өчүн мен сөз менен сүрөт тартып алып келатам” деп жазбадым беле. Художниктер бири живописчи, бири портретчи, бири башка болуп ар түркүн жанрга адистешет эмеспи, а менде кудай жалгап ушулардын баары бар окшобойбу, анткени уй, кой, эшек эле эмес, суунун, чөптүн, таштын, кыштын, кишилердин кебете-кешпирин, жадагалса кайгы-муң менен күлкүнүн өңү-түсүнөн бери сөз менен кемелине келтире тартып бере аларымды байкап калган Табылды менен Нуралы ой-боюма койбой, мактап-жактап, делбектетип, жөн турган ташты тоголотуп жибергенсип, жөн турган жеримден мени “тоголотуп” жиберишпедиби. Адамды арамзасыз, какшыктабай, чын ниет менен мактаган сонун болот экен. “Шаке, сенин гана колуңдан келет, сенден бөлөктүн колунан келбейт, эч нерсени карабай жазып кал” деген сайын элеп-желеп болуп, эт-бетимден кетип иштебедимби. Сөз – менин кистим, ырдай турган үнүм, боёй турган боёгум болуп калды. Баратбай досумду уят кылбайын, Табылды менен Нуралыны уят кылбайын, ушул үчөөнү уят кылбасам болду, ушул үчөөнө жаксам бүт элге жагам, андан көрө жазып аткан нерсеме жанымды салып иштейин, “жаны” жок кылып албайын деп таш көчүк жаным, байлап койгон иттей болуп ордумдан жылбай, кээде таңкы саат алтыдан түнкү саат бир-экилерге чейин иштеген күндөрүм болду. Бирок чарчабай, жыргап иштедим. Жаны бар китептер сага айтпаган сырларын айтып, сүйлөп, ыйлап, ырдап турарын Айтматовдун “Жамиласын” окугандан кийин билгем. Анан “жазуусу” бар болгон менен “жаны” жок болуп калбагайле деп ар бир сөздүн “колу-башын” кармалап, көкүлүн сылап, баскан-турганын тыңшап, бетинен өөп, мазарга түнөгөнсүп ар бир сөздүн “түбүнө түнөп” жүрүп жазганым текке кеткен жок. Көп жазуучулар жазуучу болдум деп Кудайды карабай калат эмеспи, мен Кудайды карап туруп жаздым. Кудайды карап жазганда калп айталбай калат экенсиң, ушунум сонун болду. Кудайым да мага: “Жаныңды салып иште, жазганынын “жаны” барын же жогун жазуучу деген эч убакта өзү билбейт, окурман гана билет, жазуучу деген жазынып атып, көзү тумандап атып көбүнчө “өлүү” тууп таштайт, кыргызда “өлүү” туулган китептер өлгүдөй көп, жазгычтарга жагайын деп жазсаң ит болосуң, элге жагайын деп жаз” деп тынбай шыбырап турду. Айтып атпаймбы анан, орустар “душа” деп коюшат го, мен ошо “душамды” дуулдатып, жанымды жагып олтуруп жаздым.

ээ 32– Энеңиз чынында эле керемет жан болуптур…

– Китептеги актай алкактын алдында: “Бул жерде энемдин сүрөтү туруш керек эле. Тилекке каршы сүрөтү жок. Бирок анын эч кимге көрүнбөгөн элесин мен гана көрүп турам” деген жазуу турбайбы, ошону окугандан кийин мага кат жазган Сузактык үкөм Алимжан Чотбаев: “Ооба, бул адамдын арылгыс арманы. Окугандан кийин башкалар кандай кабыл алат билбейм, бирок “Агындыларды” окугандан кийин Канымгүл Эненин элесин мен да көрүп турам”, – деп жазбадыбы. Катты окуп алып көзүмө жаш алдым…

Мен энеме эл катары эстелик коё алган эмесмин. Бирок “Агындылар” аркылуу эстелик койдум деп ойлойм. Байкушум, басса-турса эле Кудайга жалынып жүрүп, кыргыздын каада-салтынан тайбай жүрүп, мени мээрими менен макал-ылакаптарга ороп жүрүп баккан экен. “Шакенбай, балакетиңди алайын, бирөө сага жамандык кылган күндө да сен ага өчөшүп жамандык кыла көрбө. Антсең кайрылып келип өз башыңа тийет” деп көп айтчу. Анан эртели-кеч: “Кудай ушунумду жамандын жакшысы кылганча, жакшынын жаманы кыла көр” деп эле кобурай берчү. Агезде анын маанисин деле түшүнчү эмесмин. Көрсө энем мага Кудайдан эмне деген улуу бактыны сурап берип кеткенин эми түшүнүп олтурбаймбы…

– Жазганыңыздын элге жагып атканын качан сездиңиз?

– “Агындылар” өткөн жылдын октябрынан баштап элге тарай баштады. Ошондон ушул күнгө чейин телефондун жаагы тына элек. Жаныбек Жанызак келиптир, бир күнү үйгө Прагадагы Караматка китеп алганы: “Эмне балээни жаздың эле, өмүрү китеп окубаган катыным түнкү саат үчкө чейин окуду китебиңди” деп… Илгери “Кыргызстан аялдары” деген журналда иштеген Ырысбек азыр пиво тартып, корей-машине айдап жүрөт. Акчасын бапыраңдатып келип “Агындыларды” сатып алып кеткен. Кечинде чалат: “Светофордун кызылы күйгөндө барактай калайын деп кызыгып кетип, жашылы күйгөндө бирге салып коюп окуп баратып, “тарс!” эткенде башымды көтөрсөм, алдымда бараткан орустун легковоюнун фарасын талкалай сүзгөн экем, сөгүүсүн угуп, 2 миң сом штрафын төлөп, сенин китебиңден тапкан пайдам ушул болду” деп күлдүрдү. “Азаттык” радиосунун башчысы Венера Жуматаева Прагадан туруп интернет-сайт аркылуу “китепти ыйлап отуруп окудум” деп жазары менен чет өлкөдөгү кыргыздар жабыла китеп сурап кирди.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолорун” алып барган кызыбыз Айзада Касмалиева китептеги жетим баланын алты километр жолду жөө басып мектепке барып-келгенин окуп берсе, 7 жаштагы кичинекей кызы “Баланы карышкыр жеп кетпейби анан…” деп көзүнөн жаш тоголонуп ыйлаганын айтып оозумду ачырды.

Токтогулдук келин: “Күндө “Агындылардын” ошол жерин окуп, буркурап ыйлап алып ишиме жөнөйм”,- деди.“Кайсыл жерин?” десем, “секрет” деп айтпай койду.

Бирок ал «секрети» кай жеринде экенин өзүм билип турам….

“Агындылардын” генералдар, академик, медик, илимпоз окумуштуу, окутуучулардан тартып катардагы милиция, мектептеги мугалим, айылдагы фермер, бизнесмен, дыйкан, сатуучу, базарда олтурган соодагер, үйүндө олтурган пенсионерлерге чейин бирдей таасир берип, бирдей жакканы жагымдуу болду.

Кечээ бир кыз чалып:

– Чоң апам берки жазганыңызды окуп бүтүп, кийинкисин алып кел деп жанымды койбой жатат. “Китепти эми мага бериңиз, мен окуп чыгайын?” десем, “Жоготуп ийесиң, каникулга келгенде окуйсуң” деп, чүпүрөккө ороп туруп сандыгына катып алып бербей койду. Агай, “Агындылардын” жаңысы чыктыбы? – дейт.

– Э кокуй, көкүрөгүм жаңы эле бошободубу, ошол толсун айланайын, толтуруп алып анан жазайын, – дедим.

Билимдүү Чубак ажы окуп чыгып “Ат-Башыны аралап келгендей болдум. Нарындын кемпирлери деле Жалал-Абаддын кемпирлерине окшош болот экен” деп айтты дешти.

Султан Ак торпок: “Ооруканада жаттым эле, “Агындыларды” окугандын эртеси куландан соо болуп сакайып, ооруканадан чыгып кеттим, Шаке”, – деди.

Нуралы Кеминдин китепти кадырына жетип окуган “Тегирментиликтерге” алып барды эле, өткөн жылдан бери тегеренип эле окуп жатышат…

Балыкчыдан Курманбек деген жигит келип: “Менчик дүкөнүм бар, дүкөнгө келген кишилер сиздин китепти сурай берип, “макул, сураган китепти апкелип берейин” деп келдим” деп кечээ 15 китеп алып кетти.

Өткөн ишембиде мындай бир окуя болду. Адегенде “Ак-Ордо конушунан келатам, кандай барам?” деп бирөө чалганынан адресимди айтсам, 204-маршруткага түшүп алып адашып кеткен экен, анан кайра чалып, мен ага кайра түшүндүрүп, анан жөө-жалаңдап жүрүп Ош базарынан 107-маршруткага олтуруп, “Агындылардын” баасы 6 миң сом деп каңырыш угуп алып, ага болбойле 6 миңин салып алып мени таап келген киши 71 жаштагы аксакал болуп чыкты. Беш миңин өзүнө калтырып, атайылап издеп келип “Агындыларды” кубанып алып кеткен ал кишинин жөн-жайын айтып бербесем болбос. Шыргыйдай түптүз болгон арык, сыры кетип баратса да сыны кетелек сымбаттуу чал экен.

– Көк-Жардагы чоңдордун айлында Апас Жумагулов менен кошуна жашагам. Азыр Ак-Ордодо турам, атым Бейшеналы, атамдын атын угары менен кыргыздар жийиркенип турат, анткени фамилиям Шаяхунов, – деди ал сакалын сылап. –Бирок суу кошпогон кыргызмын. Көлдүн “Темировкасынан” болом. Чоң аталарыбыз Кытайда туулуп, Кытайда өсүп, курган чоң энем 23тү төрөп, балдары токтобой улам бири өлө берип, жүрөгү түшүп калган неме атабыз туулганда ырымдап уйгур досуна “сатып”, кайра андан “сатып” алып, кулагына сөйкө тагып, эркек эмес кыз деп ататтырып, атын атайылап уйгурча Шаяхун деп койгон экен. Кийин кытайдан быякка келдик. Атам башкарма болду, башка да болду. Мен эр жетип, политехке өтүп, жаңы эле шаар аралап чыкканда “бараны” деп басынткан океңдин башын жара муштайм деп биринчи курстан айдалып, кесилип кете жаздап кутулуп, ошол бойдон окубай калып, өмүр бою машине айдап жүрүп пенсияга чыккам. Бир көзүм бузула баштаганынан доктурга барсам, көрүп туруп дарысын аттырды да:

– Эми мунуңуз такыр көрбөй турган болду, – деди.

– Көрбөгөн көздүн эмне кереги бар, чукуп сал, – десем, көркүңүздү бузуп салат деп болбой койду. Ошондон бери көрбөгөнүнө карабай “көтөрүп” жүрөм, – деп оң көзүн көргөздү.

– Китепти кантип окуйсуз? – дедим.

– Тим эле балээдей окуйм. Бир башка бир эле көз жетет экен, – деп тамекисин жандырды.

– Эмне кылып атасыз? – десем:

– Эң кенжеме үй салып атам, – дейт.

– Китептин дайынын каяктан уктуңуз же “Де-Фактодон” окудуңузбу? – десем:

– Бийликтегилериң да, өкмөтүң да болбой калды, эми эмне кылабыз? – десем, “ошонун баарын “Агындылардан” табасыз” деп Алимжан айтты”, – дейт. Анан “Азыркы балдар улууларды укпай калды, уят-сыйыт деген кетти, эми эмне кылабыз? – десем, “Ага да жоопту “Агындылардан” табасыз” деп Алимжан айтты, аны-айтсам деле “аны ошо китептен табасыз”, муну айтсам деле “аны ошол китептен табасыз” деп айта берип такыр уктатпай койду, аны угуп алып үйгө олтуралбай койдум, маган ошол Алимжан айткан “Агындыларды” таап бер”, – деп келиптир. Кол тамгамды коюп, телефонумду китепке жазып берип коштоштум. Маршруткага түшүп алып келген жагына кайра кетти. Мына ушундай, иним. Жазуучулук турмушумда мынчалык жыргаган учурум болгон эмес. Балким Айтматов жыргаган чыгаар, бирок анда союз убагы эмес беле. Ушинтип китебиңди окуйм дегендер үйүңө чейин издеп келип, колдон түшүрбөй талап турса жазуучу үчүн мындан өткөн бакыт болобу?!

– Анан “мына эмесе” деп дагы жазып атасыз…

– Балээни жазамбы. Ушу бойдон жазбай каламбы деп коркуп атам. Анткени, күндө телефон чалып китеп сурашат. Китеп сурай берип, телефондун жанынан чыкпай калдым. Барган сайын дагы чалса экен, бат-бат чалса экен деп эңсей баштачу болдум. Сурагандар көбөйгөн сайын көңүлүм ачылып, сурабай калса көңүлүм чөгүп, бала-чакамды кыртышым сүйбөй, Зейне менен сүйлөшкүм келбей, сыртка чыгып итти тээп, телефон “чыр” этери менен чуркап барып баса калып, ала койсом Табылды же Нуралы же Баратбай болуп чыгып, “Качан болсо “мишайть” этип ушулардыкы өттү, жанталашып чалбайле коё турбайбы” деп алардын чалганын жактырбай калбадымбы бир заматта. “Дүнүйө жаманды бузат” деген чын экен. Базардагы соодагердин товары өтүп турса кадыры артып шаңкылдап, кабак-кашы жаркылдап турарын эми түшүнбөдүмбү. Көрсө бу китеп дегениң деле товар экен да. Жакшы жазсаң өтөт экен. Жаман жазсаң өтпөйт экен. Анан жанагы “китеп окулбай калды, жакшы китеп жазылбай калды” деген сөздөрдүн баары карандай калп экенин, мындай жалган, калп сөздөрдү дал ошол китеби өтпөгөн, жазса да жаман жазган жазуучулар ойлоп чыгарарын эми араң билип атпаймбы.

2002-жыл, 1-июль. "Агым" гезити эс алуу учурунда тартылган сүрөт.

2002-жыл, 1-июль. “Агым” гезити эс алуу учурунда тартылган сүрөт.

– “Китеп товар экен” дедиңиз, анда ошол товарды сатып байыса болот бекен?

– Байыбасам да бапырап калдым. “Эти этке, сорпосу бетке” дегендей, Табылдыдан же Салымбековдон акча сурабай, “Бере коёр бекен же бербей коёр бекен?” деп көрүнгөн байды тиктеп жалдырабай, “Агындылардан” түшкөн акчама ошол эле “Агындылардын” экинчи партиясын чыгардым. Болгондо да биринчи жолу эчкимдин көзүн карабай туруп, өз акчама китеп чыгардым. Буга мен кадимкидей канааттанып, өзүмдү өкмөткө өлүгүн артып, шилекейин куюлткан союздун мүчөсү эмес, кадыресе тирүү адам катары сезе баштаган, керек болсо өзүмдү Эгембердиев менен Салымбековдон да артык сезе баштаган абалга келбедимби. Эми мындан аркы китептеримдин жолун да Кудай ушундай шыр кыла турган болсо, анда мен сөз жок “Эгембердиев дегениң эмне экен?”, “Кайсы Салымбеков? Ошондойлор да барбы?” деп ыргыштап калчу күнгө да жетип барам го деп кубанганымдан чыдай албай турам.

– Стилиңиз дароо эле көзгө урунду. Тилиңиз таттуу, жанга жагымдуу экен. Жазуучунун стили деген эмне?

– Жазуучунун стили деген анын өзү, өзүңдүн баскан-турганың, улуу-кичүүгө жасаган мамилең, сүйлөгөн сөзүң, кээде былтыйып сүйлөбөй койгонуң да стил. Өзүңдүн чыныгы кебете-кешпириңди жаап-жашырып, каратып туруп калп сүйлөп, жаркылдап туруп жалган сүйлөп, акылы анчалардын алдында акылдуу көрүнгөн адамдын жасаганы да, жазганы да калп, жалган, жасалма болот. Башкача айтканда стили жок болот.

– Жакында “Агындылардын” кытайдагы уйгур туугандардын тилине которулат экен деген жаңылыкты “Азаттыктан” угуп калдык.

– Ал чын. Кытайлык уйгур жигит атайылап келип жолугуп, “Агындылар” менен кошо макулдугумду алып кетти. Кыргыз жазуучуларынан Ч.Айтматов менен Т. Касымбековду которуп басыптыр. “Келишим түзгөнгө чогуу барып бер, мен андай-андай кагаздын аки-чүкүсүн жакшы билбейм” десем, “Сага барбаганда кимге бармак элем” деп Табыкем бакылдап, жакын арада чакырык келип калат го деп күтүп жүргөн чагыбыз.

– Котормо деп калдык, ал жөнүндө эмне айтар элеңиз?

– Колдон келсе которулбай эле койгон оң. Айрыкча ырды которуу мүмкүн эмес. Кандай мыкты котормочу болгон күндө дагы жазуучунун өз энесинин тили менен жазганын башка элдин энесинин тили менен “айтып” бералбайт. Ушуга бир мисал келтирейин, ишенсең, койсоң өзүң бил. Чоң стилист жазуучу Ашым Жакыпбеков Чыңгыз Айтматовдун “Прощай Гүлсары” деген чыгармасын орус тилинен кыргыз тилине которгон. Ошону Нуралы байкең айтып атпайбы, “Чынында эле Ашыке укмуш которгон. Керек болсо ашыра которгон. Бирок ошентем деп атып улуу Айтматовдун үтүрдөн чекитке чейинки, абзацтан абзацка чейинки, окуядан окуяга чейинки демин, үнүн, сүйлөгөнүн, дабышын, баскан-турганын дал өзүндөй бералбай калган. Айтматовдун “Прощай Гулсарысын” окуп, анан Ашыке которгон “Жаныбарым Гүлсарыны” окуп, бирин-бирине салыштырып, “Прощай Гулсарыдан” Айтматовдун өз колун кармап, колунун табын, демин сезип турсам, Ашыке которгон “Жаныбарым Гүлсарыны” окуган соң Айтматовдун колун эмес, Жакыпбековдун колун кармап тургансып, Айтматовдун колунун табын, тыноо каккан демин сезе албай турдум. Айтматовдун жай, токтоо, салмак, сабыр менен баяндаган үнү Ашыкенин котормосунда башкача бир күчкө келип элирип, эпикалык эргүүгө толуп, ашынып кеткен…” деп. Бул пикирге кантип кошулбай коё аласың.

– “Агындыларда” айылдын, андагы адамдардын элестери көз алдыңа тартылат. Баары өз айылыңдын адамдарына окшоп сага тааныш, баары жүрөгүңө жакын сезилет. Сиз жазган кемпирлер кыргыздын ар бир айылында бар эмеспи. Сиз анан жиндилерди да жазыпсыз.

2003-жыл, 20-январда Ат-Башынын Кызыл-Туу айылында.

2003-жыл, 20-январда Ат-Башынын Кызыл-Туу айылында.

 – Кыргызда жиндиси менен дудугу жок айыл болгон эмес. Биз жиндилерди да, дудуктарды да өз көзүбүз менен көрүп чоңойгонбуз. Кемтиги жок адам болбосун билип, кемтиги бар адамдарды кемсинтпей, күлбөй, аяп, түшүнүп чоңойгонбуз. “Эй, жинди болбогула! Жинди болсоңор ушинтип каласыңар!” деп бассак-турсак көрүнбөгөн бирөө аркабыздан шыбырап тургансып чоңойгонбуз. Көрсө бизге Кудай шыбырап турган экен. Кудай бул дүйнөгө эчкимди артыкбаш, эчкимди керексиз кылып жаратпайт турбайбы. Кудайдын ошол мыйзамын бузуп, жөн эле өз арбайларын согуп жашап жүргөн жиндилерди да жөн койбой, айыл-айылдан күч менен жоготкондон кийин алардын ордун биз укпаган, биз көрбөгөн кырсык басты. Жараткандын айылдагы ар бир тараза ташынын тең салмагы бузулду. Жиндилер мурда жаныбызда, айылыбызда жашап жүрсө, зордоп жок кылгандан кийин алар билинбей, көрүнбөй ар бирибиздин ичибизге “кирип кетип” жашай баштады. Азыр ар бирибиз кантип акыл-эстен тайып, ар бирибиз кантип кичинеден “жинди” болуп баратканыбызды өзүбүз да билбей калган заманда жашап жатабыз…

– “Агындыларда” балалык сүйүү, мектеп жөнүндө да татынакай баяндар бар.

– Биздин баарыбызды киши кылган дал ошол мектептеги балалык сүйүүлөр болгон. Балалык сүйүүсү жок адамдардын акыл-эси майып болуп калат. Кокус “Агындылар” уйгур тилине которулуп калса намазын кыбыланы карабай, теңирден тескери карап алып окуп олтурган Ат-Башылык Батма энем, башын чарадай кылып, аттын улам бир капталына ооп түшүп, улактай салактап, айылдын көчөсүн чаңызгытып, иттерин ызы-чуу түшүрүп, кызылдай мас болуп чаап кетип бараткан Талип акем, дүйнөлүк футбол чемпионаты менен “фигурное катание” дегендер башталары менен тоодогу сарайын, сарайдагы малын таштап салып, небере кызын жетелеп, тоодон кыштакка “качып” келип, жатып алып телевизордун жаагы айрылганча көргөн, көрүп эле тим болбой жалгыз өзү ызы-чуу түшүп, кыйкырып-сүрөп, “болейт” этип олтурган Чаектик 85 жаштагы Турусбүбү энем, сулуу аял тийишсе каш кайтарып сүйлөй албай думугуп, атын темингиче шашкан Касым жездем кантип которулар экен, уйгурдун салтына кантип кирип, кантип сүйлөр экен деп сарсанаа болуп турам…

– Сиздин “Манасыңыз” – “Эки дөө” да биздин гезитке сандан санга жарыяланып жатпайбы…

– Бул эми өтө уникалдуу, өзгөчө сөз кылууга толук арзый турган, энергиясы ашып-ташкан чыгарма. Буюрса кийин кенен кеп кыларбыз. “Эки дөө” өзүнчө китеп болуп чыгып, 2011-жылы Республиканын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Жакында кайрадан карап, айрым бошоң жерлерин күчтөп, бүлөп, кошумчалап, чаболоңун чак, басмайылын бек тартып туруп иштеп чыктым. Кошой менен Жолойдун сүрөтүн чийген сүрөтчү гана жок болуп атат, сүрөтчү тапсам эле өзүнчө китеп кылып чыгарам.

– Өз акчаңызгабы?

– Албетте өз акчама, анан жалдырап Табылдыга барат деп атасыңбы? Табылдыны тааныбай калганым качан (күлүп).

– “Агындылар” дагы уланабы?

– Бул эми өмүр токтоп калбай агып берсе, ошол агып бүткөнгө чейин улана берчү иш болуп калды го. Азыр бошой түшкөн көкүрөктү толтуруп жүргөн чагым…

– Анда ийгилик каалайлы! Аңгемеңиз үчүн рахмат!

Маалымат булагы: “Де Факто” гезити.

Jan 25

Буулуккан ойлор..

15БИЗ КАЙДА БАРА ЖАТАБЫЗ?

Манастын тукумдары, тең салмактуулукту сактайлы! Акыркы революциядан кийинки окуяларды анализдеп, кыргыздар үчүн абдан маанилүү нерсени таптым. Бизде дайыма бир эле убакта көп тубаса манасчылар болуп, эл Айкөл атабыздын үлгүсү менен тарбияланып, ага байланыштуу кереметтерге күбө болуп жүрүп, элдеги Кудай дегени да, атеисти да, “Манасты” окуганы да, окубаганы да ошо чөйрөдө аң сезимине сиңип калгандыктан, дайыма Манасты эстеп жүрөт, ал эми Кудайды анда-санда эстесек эстейбиз, эстебесек – жок. СССР де 70 жыл бир нече муун кыргыздар атеисттик тарбиянын кесепетинен Кудай менен иши жок тарбияланып, а эл чыгармачылыгына тыюу салынбагандыктан, Айкөл Манас атабызга урмат-сый, ишеним муундан муунга өтүп бекемдеп келген. Бата, тост, каалоо айтып аткандарды карап турсам, адегенде Манас атабыз колдосун деп, анан кээ бири гана Кудайды айтышат, көбү такыр айтпайт. Манасты урматтап сүйгөн туура. Бирок ал чындап Жараткан Тең Иримдин эрки менен жашаган. Биз андай боло элекпиз. А маалымат болсо иштей берет. Мен Манас атабызга каршы эмесмин. Ал келип, өз милдетин аткарып кеткен. Ошон үчүн азыр кыргыз деген эл бар. Тилекке каршы, биз Манас атабызды уят кылып атабыз. Жогорку энергия-маалымат деңгээлинде Манас – бул Мен Ас же Мен Эс, Мен – Жогорку Акыл-эс, айкөл ойдун Кудурети (Кут Ур Этүү – Излучать Благо). Кечирип койгула, бирок азыр элдин көбү киргиз болгондуктан ушинтип орусчасын кошо берип атам. Ас – Жогорку Кудуретүү дегенди билдирет. Асия – Азия (азыркыча) – Астардын Мекени. Адам баласы жаныбарлардан айырмаланып, акыл-эсин өнүктүргөн үчүн укмуштуудай жөндөмдөргө ээ. А акыл-эс деген аң сезимдүүлүк, акыйкаттык, чынчылдык, идеялар, асылзаадалык, пландар, келечек, ырааттуулук менен байланыштуу. Аң сезимибиз ак-караны тааныш үчүн, жаман-жакшы, адилет-адилет эмес, чын-калп деп бөлүп, териштирет. Биздин – адам баласынын аң сезими. А Жаратылышта андай бөлүнүү жок, баары ырааттуу, бирдиктүү, баары бирдей маанилүү, тең салмактуу абалда. Кээде түшүнбөсөк, айлабыз кеткенде баарын кара күчтөргө шылтап коёбуз. Көрсө, табияттын тең салмактуулугун сактоо үчүн аргасыз жасаган аракетин биз бизге жакпаган үчүн кара күч деп түшүнөт экенбиз. Себеби термодинамиканын негизги закону боюнча, Жаратылыш тең салмактуулукка апкелем деп таразалай баштайт чектен ашкан кишини же элди. Ал аң сезимдүү жаман-жакшы, кир-таза, чынчыл-калпычы дегенди түшүнбөйт. Табиятта баары бар, байланыштуу, бирок биз – адамдар гана ошентип бөлүп көнүп алганбыз. А Жаратылыш – теңпейил Теңирим, илгеркиче – Тең Ирим, б. а. Тең – бүтүн, бирдиктүү, Ирим – түзүлүш, уюм, азыркы тилде Бирдиктүү энергия-маалымат Талаасы – Единое энергоинформационное Поле. Көрсө, ал бир гана нерсени – тең салмактуулуктун жоктугун “жаман көрөт экен, чыдабайт ага”, анда ага баары туура эмес, оңдой баштайт. Таразанын бир жагы өйдө жылып кетсе, аны кайра теңдеш үчүн ылдый жылдырып түзөгөндөгүдөй шарт түзүп салат. Канча жакшы көрсө, ошончо жакшы көрүүнүн карама-каршылыгы болгон сезимге кабылышы керек тең салмаксыз сезими бар киши, б.а. чектен ашыра жакшы көрүп тең салмактуулукту бузган кишини жек көрө турган шарттарга коюп тең салмактуулукка апкелиши керек Жаратылыш “терс” деп кабыл алган энергияны нейтралдаш үчүн. Кээ бир өтө жакшы көрүп эркелетип салган балдары анан кийин ата-энесине “атасын таанытып” атпайбы ошол себептен. Кичинекей ымыркайды көп күлдүрсө бир аздан кийин себепсиз чырлап ыйлаары да баарыбызга жакшы белгилүү. Анын жандүйнөсү тең салмактуулукту сактоо үчүн ошентет. Табияттагы тең салмактуулукту бузган ар бир аракетибизге дайыма теңдей турган окуялар болуп турарын биз дайыма эле этибарга алып териштирип жүрбөйбүз. Манасты – акыл-эсти, чынчылдыкты, асылзаадалыкты жакшы көрүп атып, эси жок, ыймансыз, калпычы, паракор, жегич, өзүмчүл, зыянкечтерге кабылып атпайбызбы. Биздин бир нече муун кыргыздар баары Манас атасын урматтап, жакшы көрүп, сыймыктанып жүрүп, жан дүйнөсү ал сөздүн маанисинде, салымзатында турган сапаттарга “жабышып” алган, ошого байланыштуу тең салмактуулукту чегинен ашыра бузуп алганбыз “билбеген уу ичет” болуп. Анткени коомдогу бүт эл тургай эки эле киши бир ойду чогуу ойлосо, жети эсе, а сезим, эмоциялары менен ойлосо ондогон-жүздөгөн эсе күчөп кетет энергиясы. Муну мен ойлоп тапкан эмесмин, бул электромагниттик талаанын сапаттары ошондой иштегенден келип чыккан. Ар бир ой, сезим, эмоция мээнин электр импульсун берерин билебиз. Ар бир кыргыз Манаска болгон сүйүүсү менен ишенимин эненин сүтү менен сиңирген. Акыл-эске, асылзаадалыкка байланыштуу тең салмактуулук чегинен ашыра бузулгандыктан, бизде анын тескери көрүнүштөрү да чегинен ашыра оркоюп улам эле көрүнүп, “кыйкырып” чыгып калып атат кой десе болбой. Демек, тең салмактуулукту бузуу менен киши өзү кара күчкө жол ачат. “Матрица” деген кинодо “они – инструмент саморегуляции системы и принимают любой облик” дегендей, так ошо тең салмактуулуктун бузулганындагы энергияга окшош сапаттары бар адамдар баш ийип кара күчкө иштей баштайт. Ал эми чиновник – көп сандагы эл менен иштеген адам, ал түшүнбөсө да, ага адамдардын энергия-маалымат талаасынын таасирине кабылат, ошого жараша анын энергия-маалымат талаасы жооп берет. Акыл-эске байланыштуу табигый тең салмактуулукту бузган кишинин акыл-эс менен байланыштуу жери – башы турмуштан көп таяк жейт. Союз ыдырагандан берки кыргыз элдин башына келгендер да элдин башына тийген таяк эле болуп келатат го. Союзда интернационалдык достук, бир тууган 15 республика деп, Жаратылыштын негизги сапаты болгон Биримдикке баш ийип жашаптырбыз Кудайга каршы идеология менен деле. Ошон үчүн тез өнүккөн республикалар. Феодализмден социализмге секирип кетпеди беле кыргыз. Эң жогорку биримдик – Сүйүү. Ошондуктан “Бог есть Любовь” деген дин. Анткени Кудайды сүйүү гана Жараткан Жаратылыштын табигый абалы болгон Биримдикке жооп бералат. Ал – шартсыз Сүйүү, эчтекеге карабай Биримдикти сактоо. Ошондуктан байыркы кыргыздар да Жаратканды Тең Ирим, бирдиктүү теңпейил түзүлүш деп, “Теңир тескейт”, б.а. таразалайт, тең салмактап турат деп келишкен. Анын үстүнө, биз бийик жерде жашаганыбыздан да өтө эле өзгөчө шарттарда экенбиз. Мен 2010-жылы гезитке жазгам Кыргызстан бийик тоодо жайгашкан үчүн бул жерде энергетикалык талаа күчтүү, рухий закондорду бузсак табият тез эле кырсыктар менен тескеп коёт деп. Ийненин учунда заряд көп деп мектеп физикасынан окугандар эстеп койгула. Ошол үчүн кыргызды табият тарбиялай берип жөнөкөй, ак ниет, айкөл, ишенчээк, меймандос, кең пейил, теңпейил кылып салган. Антпесе эле оору же кырсык токтотуп туруп алат.


Менин орус жана орус тилдүү досторум менен тааныштарымдын көпчүлүгү кыргыздардын ишенчээктигин көп айтып, таптакыр жаш баладай элсиңер дешет. Чет элдиктер да. Ар бир үч метр рух үчүн маанилүү. Бул маалымат 1924-жылы жазылган. Биздеги элдин дээрлик баары деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жашайт. Бул деген түздүктөрдүн элдерине караганда бизде рухий закондорду аткарууга талап 1800:3=600 (алты жүз) эсе катуу дегенди билдирет! Жок дегенде 600! Себеби касиеттүү тоо бермети Ысык-Көл космостук энергияларды чагылдыруучу жана сиңирип топтоочу аккумулятор сымал иштеп, энергетикалык талааны ого бетер күчөтүп турат. Канчага күчөткөнү азырынча белгисиз. Бирок көл жээгине баргандар мендей сезимтал болсо мен билгенди билип, тамеки тартып, арак ичмек тургай, баары мендей этият жашап калмак. Түздүктөрдө митайымдык, бири бирин көз каранды кылмай, пайдакор банк системасы, сетевой маркетинг деген чырмоок пирамидалар, дагы башка толгон токой азгырма шумдук кан соргуч балээнин баары ойлонуп табылган. Биз болсо алданып алтыныбызды тарттырып иебиз, атүгүл “Манасыбызга” да ээ боло албай кала жаздадык. Дагы канча түбөлүктүү маданий байлыктарыбызды “төбөлдөр” кыргыз маданиятын билбегендиктен коргобой, азыр Кытай, Турция, АКШ ж.б. мамлекеттерге “Кыргызстанда коргой турган эчтеке калган эмес” деп жарыялап туруп салып беришти. Келесоолор дейин десең билими деле бар, тили буудай куурат, эмнеге мындай? Сатылып кетишкенби баары эле? Урмат Аманбаева эжеге кайрылып оюуларды коргоого жардам сурасам, меникин көрүп алып мындай Турцияда бар деп атпайбы. Андай болсо мен адегенде белгилүү боло баштаганда Кыргызпатент каттабай, гезит-журнал, телевидение тартпай коёт эле да! Биздин төбөлдөр Кыргызстандын байлыгы катары коргоого аракет кылбагандыктан, телевизионщиктер убадаларды берип, эптеп мени алдап тартып алып дүйнөгө жарыялап жибергендиктен пайдасын башкалар көрүп, эми депутаттар Турцияда бар, кытайдан чыгып атат деп мага билерман болушат. Ошондо эжеге кыргыз тил боюнча сунуштарым бар дегем, бирок эмдигиче бир да кайрылуума жооп ала элекмин. Эки президент катары менен элди тоноп качып кетет деген эмне?! 70 жыл бир тууган болуп жашаган өзбек туугандардын арамдары чагымчыларга баш ийип, 8 жыл даярданып туруп кол салганы эмне?! Улам эле бийлик элдин эсин оодаргыдай кылыктары менен акылга сыйбас иштерди кылганычы? Парламенттеги эл өкүлү деп эсептелген эргулдар кышка даярдангандын ордуна көп аял алууну мыйзамдаштырабыз деп отуруп канча эл тоңду былтыр кышта?! Бул акылга сыйбас эси жоктук да! Же алар эркек экенин төшөктө эле эстешеби?! Эми ошондой немелерге экинчи, үчүнчү, төртүнчү токол болуп тийгиси келген кыргыз кыздар Кыргызстанда бар болсо, анда ал да эч акылга сыйбайт. Ал кыздар да эр Манастын тукумдары эмес беле! Кыргызстанда кээ бир кыргыздар эне тилдин укугун коргогон мыйзамга каршы! Биздин Мекенибиз дүйнөдөгү эң чоң үч мамлекеттин геополитикалык кызыкчылыгында экенин жана батышта көп партиялуулук атайы башка өлкөлөрдүн жергиликтүү бийлигин бири бири менен тытыштырып алсыратып, куулук менен көз каранды кылып алуу үчүн бир нече кылым мурун ойлонуп табылганын да билип туруп, биздин күн карамалар партия, фракцияларга бөлүнүп алганы да укмуш. Барктабасовдун укмуштуу айласычы!!! Мен аны эстүү киши дечүмүн. Кукурузанын арасында кармалганда кыргыздар өзүлөрү кандай күлүп атышты! Бул – трагедия. Ал мага боор ооругудай эч нерсе кылып берген эмес, кайра эки жолу алдап, ишенимимди актабай сыйлабай калгам. Сураган нерсеси колго тийгенден кийин убадасын унутмай кыргыз байкелердин негизги сапаты экенин мен көп жолу жакшы өздөштүрдүм! Бирок баары бир мен аны кыргыз элим деп атып, билбестиктен Манаска жабышкан элдин оор тагдырын мойнуна алгысы келип, өзү да ошол оор энергиядан анан акылга сыйбас ишке кирип кеткенин билбей калды деп эсептейм. Келесоо эмес болчу. Кыргыздай жоош эмес, тытынган тышкы дүйнөдө ишкер, болгондо да ийгиликтүү ишкер болгон. Ал менин тууганым эмес, жердешим болгон үчүн да актап аткан жокмун. Экөөбүз уруша да кеткенбиз. Бечара жөн сөздү да жөн кабыл албай калыптыр кийин кайгырып атып.


Экинчи жолу алдаарында Аравиядан өзү телефон чалып издетип таптырып, эки саатча аябай жан-дили менен мага күйүп сүйлөштү. Биякта бирөө сендей талантка жардам керек деди, көйгөйүңдүн баарын мен чечип берем деп. Анткор киши антип мени жөн эле издетип, ошончолук таза сезимдери менен эки саат сүйлөшпөйт болчу. Анын үстүнө, бияктан аны кууп жиберише электе кыргыз искусство жана маданият ишмерлеринин маселелерин көп жолу чын ниеттен чечип атканын билчүмүн. Ал Шри Ауробиндонун интегралдык Йогасы боюнча рухий өнүгүүгө да аракет кылып жүргөн. Жок жерден эле мындай боло калмак эмес менимче. Элдин тагдырын мойнуна алгысы келгендиктен катасына да кабылган деп ойлойм. Ошондой энергиялуу кишинин тегерегиндегилер да “Байдын ашын байкуш аяйт” болуп, ичи күйгөндөн мени жамандап, анан ал калпычы болуп калган аларга ишенип. Бир жесирге эле укмуш неменин баарын берген атса көралбай кетишти да. Мен да Манаска өтө эле жабышкан үчүнчү муундагы мекенчил үй-бүлөдөнмүн. Экөөбүздүн окшош энергиялар кошулганда коопсуз чегинен ашып кетип, абсурд болуп калды да. Ошондуктан чакраларды эмес, жүрөктү ачыш керек экен. Акаевди Ленинграддын илимпоздору илимде алдыга озгон “кыргыз феномени” дешет деп уккам, анан ал президент болгондо мээси эмне болду? Кыргызстандын тургундарынын энергия-маалымат талаасына жараша гана иштеп койду го. Ага эл аралык абал да салымын кошту. Фашизмдин лидери Гитлердин тагдырынын 30% гана өзүнөн көз каранды болуп, ал эми калган 70%н ошо кездеги Германия элинин тагдыры түзгөн дегенди окугам. Ельцин депутат кезинде абдан эстүү көрүнчү, бирок президент болору менен аракечке айланды. Акаевден кийинки биздин президент деле гений жана ыйык жан эмес болчу ошончо жүктү жангыз көтөрүп кеталчу. Коомчулуктун жалпы энергияларына жараша иш болду. Эмки элди ойлогон балдар деле жангыз өзү оңоп кеткидей экенине көзүм жетпейт. Анын үстүнө, алардын бирөө да бизди ушул абалга жеткирген негизги себептен кабардар эмес. Бир чын эле элге күйгөндөй сезилген түзүгүрөөгүнө тилектештерим ишенип алыптыр, кандай ойлонот болду экен, билейин деп, бир нече ырымды салып жибердим. Анан ал ырларды окуганда сезе баштадым. Мага өтө эле жакшы мамиле кылат оюнда, чын эле ниети тазадай, кыргызга чын эле күйүп аткандай. Анан мага анын сапаттары, кайгысы да сезиле баштады. Бирөө эл үчүн бекер жерден азапка кабылса же курман болсо, же мени сүйүп калса энергиясы келип алып кошо кыйналмайым бар. Ал мени сүйүп калгыдай болгон эмес, бирок түшүнөн “мама!” деп чочуп ойгонсо уулум экөөбүз тең кошо кыйналып ойгоно баштадык. Энергиялары өтө эле күчтүү сезилип жолтоо боло баштаганда телефондон сүйлөшүңүз мени менен деп жазып жибердим. Көп убактан кийин убакыт тапты. Мага ишенбеген же угууга даяр эмес, же мени туура эмес айтып атат деп эсептеген кишилерге таптакыр сүйлөй албай тилим байланып калат. Мурда баарына айта берип чоң азапка кабылып, уулум экөөбүздүн тең ден соолугубузду бузуп алгам. Кимге ишенеримди да билбейм азыр. Кийин сүйлөшкөндө айтып берейин деп айта баштасам ал : “Мага күнүгө бирөө акыл үйрөтөт” – дегенде канал жабылып калып, түшүндүрө албай койдум угаар дарамети жок болгондуктан. Ал адегенде саясатка аралаша баштаганда жардамчыларына кайрылып: “Айтып коёюн, антпесе алдап кетишет кыргыздардын мындай энергия-маалымат талаасында” десем жолуктурбай коюшкан мен айткан себепти олуттуу көрбөй 2011-жылы. Кийин так мен айткандай алдап кетишиптир. Бийликтегилердин да убактысы жок экен. М.Султанов, Ж.Оторбаев мени университетте окуткан, кайрылсам убактысы жок. К.Осмоналиев физик, ага да кайрылдым, жооп жок. Коом болсо жеткилең өнүгө элек материализмге таянат. А бул себеп кыргыздар үчүн, Кыргызстандагы элди эзип аткан абсурд театрын токтотуу үчүн өтө маанилүү болуп атат. Мен муну Мекеним өнүксүн деп мага кошулуп аракет кыла баштаган кишилерге байланыштуу акылга сыйбаган шарттар түзүлө калып, улам-улам алдана берип күйүп-күйүп жүрүп, анын үстүнө, Манас менен байланыштуу кээ бир кишилердин таң калыштуу туура эмес, кээде өтө зыянкеч таасирин, жүрүш-турушундагы акылга сыйбас окуяларды көп байкап, эмне үчүн мындай болду экен деп себебин издеп, табигый жана социалдык кырсыктарды физиканын негизинде анализдеп атып түшүнгөм. Көрсө, биздин окшош жалпы чоң катабыз чын жүрөктөн жакшы ниет менен баштаган аракеттерибизди заматта ойрондоп салат экен. Анткени Манас, Жогорку акыл-эс, аң сезим, адилеттүүлүк Жогорку Биримдиктен жогору коюлса, анткендерди тең салмактуулукка келтириш үчүн акылга сыйбаган, аң сезимди өчүрүүчү, адилетсиз, укмуш чыккынчылык, уятсыз алдоо ж.б.у.с. закон бузуучу кишилер пайда болот экен. Октябрь революциясына чейин эл адегенде Кудай, анан Манас деп эле жашаса керек, бирок революциядан кийин партия Кудай дедирбей салганда 70 жыл канча муун карапайым эл Манас деп келди, анан Союз ыдырагандан бери кайра элдик маданиятыбызга көңүл бура баштагандыктан эң биринчи болгон күчүбүз менен дагы Манасыбызды даңазалап, ошон үчүн бизде акылга сыйбаган укмуштар көп. Айкөл атабызды мен да аябай ыйык жана бийик дейм, анда кеп жок. Кеп өзүбүздө, биздин Жаратканды кээде унутуп калганда аң сезимибиз дайыма ардактуу Манасыбызды биринчи орунга коё салганында. Кудай жараткан Табияттын тең салмактуулугун бузгандарды Манас атабыз кааласа да колдой албайт.


Жогорку Күчтөр жалпы элдин жакшылыгы үчүн табигый закон чегинде жасаган аракеттерибизди колдойт, бирок кетирген каталарыбыз үчүн өзүбүз жооп беребиз, анткени алар тагдырды өзгөртө албайт. Аны биз жасаганбыз, биз гана жоё алабыз жетишип калсак. Жетишпей калгандардан арабызда мисалдар көп. Мисалы, бир жаш манасчынын аялы инопланетяндар тууралуу акылга сыйбаган нерселерди сүйлөп акылынан айный баштаган. Тиги аялымды дубалап салышты деп күйүп жүрүп, акыры ажырашып кетишкенде аялы айыгып калыптыр. Ошол бала менен бир жолу көчөдөн күүгүмдө жолугуп калдым. Мурда менин көргөзмөмө гүлүн көтөрүп алып келип жүрчү аябай сыйлап. 15 мүнөтчө сүйлөшүп тургандай кийин коштошуп үйгө жөнөдүм. Бөкөнбаев менен Москва көчөсүнүн ортосу, болгондо да кыпкыска жол. Кантип адашып кеткенимди билбейм, такыр башка жакка кетип калыптырмын. Таң калдым. 6-7 жыл басып жүргөн жерден адашып. Маани берген эмесмин. Кийин дагы бир жолу аны менен жангыз сүйлөшүп тургандан кийин өмүр бою өкүнгүдөй жаңылгам. Эмнеге эле минте берем десем, ал да, мен да Манаска аябай жабышкан адамдар экенбиз. Чогуу турганда окшош энергиялар, сезимдер күчөп кетип, акылга сыйбас иштер болуп кетет экен. Атүгүл шаардагы Манас атабыздын эстелигинин жанында да электромагниттик талаа ошондой. Көбүрөөк туруп калсам эле акылга сыйбаган окуялар боло берет. Эстеликти көргөн элдин оюнун баары акыл-эске жабышат окшойт. Эки жолу ошол жерден аябай жаным күйгөндөн кийин байкадым. Дагы бир манасчынын аялы үч жыл бою кошунасы менен ойнош болуп жүрүптүр күйөөсү жумушка кетери менен. Аны угуп алып тиги акылынан айнып кала жаздаган. Дагы бир өтө белгилүү манасчы кыздарга жүгүргөнү үчүн элге ылакап болгонун угуп жүргөм. Менин көргөзмөмө келиптир бир жолу, эртең менен эч ким жокто. Көргөзмөнү көрүп туруңуз деп чай ичкенге бирдеке апкелгенге жаныбыздагы дүкөнгө жүгүрүп кеттим. Белгилүү аксакалды көргүсү келген кыздарды чакырдым. Анан тиги кишиге чай берип атабыз эки кыз менен. Бирөө жашын сурап калды. 75темин дейт. Тиги “анда сиздин жаныңызга отурайынчы” деп жанына отура калса ошо жерден баса калып, кармалап, сыйпалап, өпкүлөп кирбеспи! Берки кыз экөөбүз араң тургуздук. Тигини өпкүлөп атып колун, билектерин тиштегилеп салыптыр. Манасчы ушинтет деп үч уктаса түшүмө кирмек эмес! Кийин жакында көзү өтүп кетти ал манасчынын. Ошондо тигилерди чакырбай ага аны жангыз тозсом кантет элем?! Кийин ойлоп алып төбө чачым тик турду. Мен “Манас” айткан жерде жакшылык гана болот деп терең ишенчүмүн. Бирок Манаска байланыштуу кишилер Манасты сүйгөн элдин белгилүү инсаны болгондо алардын көңүлү бурулганда жалпы энергиясын көтөрө албай ого бетер тең салмактуулугун бузат экен. Башка элдерде деле белгилүү болуп бузулуп кетсе “сглазили или испортила слава” деп коюшат. Байдылда акын да “Манасты” эки жолу окуган киши акын болот деп эпосту көп баалачу.  Азыр 4 жашар балдарды “Манас” айттырып элге жарыялап атат кыргыздар. Деги ошо периште көтөрүп кетсе экен деп Кудайдан тилейм. Табигый циклдер бар, менин макаламдан мүчөл жөнүндө балким окугандырсыз. Баракчамда бар. Ал өзүнчө чоң тема. Адам өзү Жаратылыштын тең салмактуулугун сактап түз жүрбөсө Манас атабыз деле сактай албайт. Кудайды карап түз жүргөн манасчылар оорубай көп жашаган болуш керек. Бирок кандай таза киши болсо деле өзү жаңгыз жалпы элдин энергияларын таразалап кеталбайт экен.


Чыгармачылыгы Манаска байланыштуу эки белгилүү аялдын балдары ичип кетишкен аң сезим, акыл-эсин өчүрүш үчүн. Бирөөнүкү Ошто коогалаң башталганда биякта туруп эч себепсиз асынып өлүп калды деп уктум. Ошентип, тең салмактуулукту бузган жана бузгандардын арасында белгилүү болгон адамдын өзү эле эмес, балдарына да коркунучтуу экен. Табияттагы тең салмактуулук сакталышы үчүн алардын жаны ата-энесинин катасын ошентип аң сезим жана акыл-эстен баш тартып оңдоого аракет кылат. Ар нерсенин артында белги берип Кудай турат дечү эмес беле илгери карылар. Көрсө, Кудайды, б.а. тең салмактуулукта кармап турган Тең Иримди карабай Манасты сүйүү да жакшылыкка апарбайт экен. Мен мунун баарын ал кишилерди жамандап айтып аткан жокмун. Жамандагым келсе аттарын кошо жазбайт белем. Азыркы шарттарды эл түшүнсө оңдоп кетсек деп жана келечекте Манас атабызды кадырлап, бирок табигый закондорду билбестиктен тең салмактуулукту бузуп бизден кийинкилер кырсыкка учурабасын деп жазып атам. Энергия менен маалыматтын кандайча иштегенин түшүндүрүш үчүн турмушубузда кезиккен мисал катары келтирдим. “Манас” бизге табияттын закондорун аткаруу керектигин, Кудайга – Акка моюн сунуп гана жашоо мүмкүн экендигин, Манас атабыз өзү да Кудай деп жашаганын үлгү кылып айтып берген маалымат булагы. Ал эми биз материалисттик идеологиянын кесепетинен Кудайды унутуп, Манас – Жогорку Акыл-эсти андан жогору коюп салган үчүн бизде чыккынчылык, акылга сыйбаган башаламандык, алдоо, абсурд көбөйүп кетти. Бир эмес эки президентибиз тең чыккынчы болгону аз келгенсип, анан убактылуу бийликке келгендер да таң калтырган, алардан кийин бийлейм дегендер болсо шайлоонун эртеси күнү эле кыргыз элди да, Президентти да көзгө илбей Москвага жүгүнүп барышканы бүт дүйнөгө шылдың эле кылып аткан бир укмуш эл болбодукпу. Конституция боюнча, бийлик элге таандык эмес беле!!! Эң эле укмуш республика болуп атпайбызбы. Бишкекте “Манас эл” симпозиуму өткөн күнү Оштогу окуялар башталган. Мен ошо симпозиумга барып келип, башыма ийнелер сайылып калгандай катуу ооруп, кыймылдоого алым келбей бир топко чейин жатып калгам. Ага чейин деле 7-апрелден кийин эл арасына барып келсем оор болуп аткан, бирок мынчалык ооруган эмес элем. Революциядан кийин эл ачууга алдырып, чыккынчыны жек көрүү көбөйүп кеткендиктен жалпы ауранын басымы деп койчумун. Көрсө, аң сезим, акыл-эс башка байланыштуу болгон үчүн ошончо Манас деп чогулган элдин аурасындагы күчөп кеткен ката катуу баш ооруга кошумча себеп болутур. Албетте, элдин баары Кудайды унутту дегенден алысмын, бирок Кудай деп сүйлөп коюп, өз билгенин кылып аткандар жана ыймансыз атеисттер көбөйүп кеткендиктен элге ушунча убал болуп атпайбы.


Апрелдеги окуяларга чейин эле бул катанын кесепетинен манасчылар биринчилерден кыйналганын байкап жүрчүмүн, мындайда эл “мойнуна касиетти кабыл албай кыйналды же көз тийди” дейт. Коомдогу адамдардын көбү Жаратылыштын закондорун бузган, Кудайды унуткан болсо, ал коомдо белгилүү, атактуу болуу да аябай коркунучтуу. Белгилүү болгондо кишиге элдин көңүлү бурулат. Көңүл деген энергия, ошончо элдин сапаттарын камтыган көп энергияны өз жандүйнөсү аркылуу өткөргөндө окшош сапаттар күчөп кетет. Ал эми элдин абалы оор болуп аткандыктан, тиешелүү кайгы ж.б. энергиялар күчөйт. Кудайга умтулуусу эбегейсиз күчтүү же өзү аябай ыймандуу, түз жүргөн киши эле чыдабаса, жөн киши чыдабайт. Ошондой ыйыктар барбы бизде? Күмөн… Эмне үчүн Алыкул, Мидин, Таттыбүбүлөр эрте көз жумуп, Ч.Айтматов Кудайды танган коомдо да дүйнөлүк атак менен көбүрөөк жашады? Анын энеси Нагима апабыз намаз окуган. Канчалаган ыймандуу муундар топтогон рухий байлыктын энергиясы ага жаназык болгон. Эң аң сезимдүү, билимдүү, таланттуу кыйындын баары Кудайсыз коомдо ошондой жаназыгы жетишсиз болгон үчүн репрессияланган, жалпы коомдун сүймөнчүгүнө айлангандын баары коомдун мүчөлөрүнүн кирлерин тазалагыч каражат катары биринчилерден күйүп кетишкен. Мен да кичине белгилүү боло коём деп өлүп кала жаздадым. Эмдигиче айыгы элекмин андан бери бешинчи жыл болуп баратса да. Ал эми талант деген жандын эбегейсиз зор аракетчилдиги, эмгекчилдиги, чыдамкайлыгы, өнөргө же илимге, сулуулукка, кооздукка кебелбес туруктуу берилгендигинин натыйжасында пайда болот. Бир эле Леонардо да Винчини карап көрөлүчү, эмне деген залкар! Адамзаттан 500 жылга озуп кеткен деп актанып коюшат. Эх, пендечилик! Ал озгон эмес, анын жалкоо, бокжүрөк, тайыз, мажүрөө замандаштары артта калышкан! Ар бир талант ошондой кайталангыс эмгекчил гигант. Чыныгы чыгармачыл таланттар жөнүндө айтып атам, алардын айланасына үйүлгөн жанбактылар жөнүндө эмес. Анан ошо таланттардын жылдыздай жанган жүрөгүнүн жалынын андан энергетикалык деңгээли төмөн жалпы коом жутуп өчүрүп салат экен! Азыр жана дайыма белгилүү болгондор кимдер? Таланттар менен саясатчылар.


Таланттарды эл сүйөт, саясатчыларды болсо негизинен жаман көрөт. Экөөнө тең элдин күчтүү энергиясы багытталат, экөөнү тең ого бетер бузат. Периштелер жерге келсе булганып калышат деген ошо. Тең салмактуулугу бузулган элди коргойм деген адам да өзү кор болуп калышы мүмкүн өтө таза болбосо. Былтыр мен кыргыз тилди коргойм деп макала жазсам орусча макаламды чыккан сайты менен кошо өчүрүп салышып, кыргызчадан котордук деп аябай бурмалап орус тилдүүлөргө каршы мааниде бүт сайттарга чыгарып ийиптир Gezitter.org Анан мени орустар кар жаап атканда квартирадан кууп чыкпадыбы шашылыш. Ага чейин бир туугандай мамиле кылышчу эле. Ким азыр жангыздап элдин жүгүн көтөрүп кеталат? Саясатчыларга бул маалымат азыр жоопкерсиздигин актаганга шылтоо болуп калышы мүмкүн. Бирок гезит деле баспай койду чыгарайын десем көп экен деп. Кыска жазсам түшүнбөй да, ишенбей да атышат. Ал эми акыл-эске, арийликке, аруулукка жабышкан Гитлер “истинный ариецтерди” гана калтырам деп атып акыры эмне болду эле? Азыр бизде да “Гитлердей киши керек” же “Кыргызстанды военный диктатура гана сактап калат” дегендер бекеринен антип айтып аткан жок. Эгер бийликке чынчыл, таза адам келсе деле тартип сакташы үчүн диктаторго айланышы мүмкүн. Анан бөрк ал десе баш алгандар оңой эле көбөйөт. Азыркы шарттарда Жаратылыштын энергия-маалымат талаасынын маалыматтык түзүүчүсүнүн таасири күчөп атат. Байкасаңар, акыркы убактарда ойлор тез аткарыла турган болуп калды. Жаратылыштын эң негизги сапаты болгон Биримдик биздин сезимде шартсыз Сүйүү деген деңгээлге туура келет. Ошон үчүн Жараткан бизди улам-улам Айкөл Манастын үлгүсүндө тарбиялаган. Шартсыз Сүйүү гана айкөл боло алат. Бирок ал кезде биз түздүктөрдөгү элдер менен көп катышпай, элибиздин рухий биримдиги бекем болчу, азыр ааламдашуунун тепсендисинде калмак болдук 20 жылдан берки “массалык маданиятка” ууланып. Акыл-эске бизден да жабышып алган мамлекет Тибет болчу. Рухий ибадат жолуна түшкөн бүт эли. Аякта жол башчысы Далай Лама. Бүт эркектер медитация менен алек болчу. Бийик тоодо. Бул шарт күчөткүч. Ал эми медитация, намаз, сүкүт, концентрация ж.б. техниканын баары жогорку энергетикалык борборлорду, эң алгач жүрөктү ачуу үчүн ойлонуп табылган. Жүрөктүн чакралары ачылгандан кийин ал техникаларды аткаруунун кажети жок болуп калат. Бирок акыркы 6000 жылдын ичиндеги адамзаттын рухий устаттарынын баары эркектер болгондуктан табигый закондорду толук түшүндүрүп бералган эмес. Ал эми матрицанын саморегуляция инструменттери алардан мурда айтылган нерсенин баарын жок кылышкан. Себеби адамдар жаңгыздап күрөшөт, ал эми матрицанын энергия-маалымат талаасы бир бүтүн акыл-эстүү жандык катары иштейт.


Ажыдаар деп койсо болот. Тибет мамлекеттик дини буддизм акыл-эс, эркке таянат. Рухий ибадаттарды баштаган ар бир адам дагы ошол акыл-эси, эрки аркылуу рухий эрежелерди сактоого аракет кылат, бирок жүрөгү ачылмайынча рухий сапаттарга жабышып алат. Бүт эли мамлекеттик деңгээлде жабышып алган элди анан Кытай басып албадыбы. Азыр рухий жол башчы жана мамлекет башчысы Индияда качып жүрөт. Мамлекети жок мамлекет башчы деген абсурд эмеспи? Биз СНГ жана дүйнөдө акыл-эске расмий жабышып алган жангыз мамлекетпиз. Эми Кудай эле сактасын! Бирок сактансаң сактайт дейт. Ар бир адам өзү жоопкерчилик алып өз аң сезимин таразалабаса жалпы коомду тазалоо мүмкүн эмес экен, ал эми коомдо көпчүлүктүн энергиясы өзгөрбөсө, анын талаасына баш ийип саясатчылар деле “Эшегине жараша тушагы” болуп атпайбы. Мен аларды актап аткан жокмун, бирок жалпы дүйнөлүк масштабдан алып караганда алардын таасири салмактуу болбой атат. Дагы эле маалымат согушу, кыргызды каралоо улантылууда. Бир нече жылдан бери баңгизатты жайылтуу жолдорун Афганистандан түндүгүрөөк жакка жылдырабыз дегенине кыргыздын экологдору кооптонуп атышкан. Ош окуясында баңгизаттарга байланыштуу иштер тууралуу билебиз. Баңгизат деген эмне? Аң-сезимди өчүрүүчү, бузуучу нерсе. Энергетикасы боюнча аң-сезим, акыл эсти даңазалаган, бирок табигый тең салмактуулукту сактабаган көп сандагы адамдар чогулган жерге туура келет Жаратылыштын тең салмактуулугун сакташ үчүн. Теориялык жактан “Манас” деп сайраган, бирок Кудайды карабаган кыргызбайлардын энергиясын тең салмактоо керек болот эгер эсибиз барда жанталашып аракет кылбасак. Теориялык эмес иш жүзүндө эле тиги Канадабы, дагы бир чоң мамлекеттин зыяндуу лабораториясына дүйнөдө кайталангыс болгон ботаникалык багыбызга уруксат берип коюшуптур деп пикетке чыгып канча ызылдадык? Андай нерсе да аң-сезимди тең салмактуулукка апкелүү керек болгон жерде болушу мүмкүн. Жеке эле Манаска байланыштуулардын гана эмес, жалпы элдин да турмушуна жанагы катабыз ушинтип азыр баары күчөп, тездеп турган мезгилде өзгөчө кесепетин тийгизип атат.


Маалыматка туура мамиле кылуу менен абалды оңдосо болот. Ооруну да биздин өз Жаратылышыбыз белги кылып берет. Коомдун оорусун да белги катары кабыл алып, элибизди илдетинен арылта алабыз. Мен уулдуу болгондо сол чыканагында жумурткадай көк шишик бар болчу. Догдурлар онкологияга жолдомо беришти. Жолдошум экөөбүз тең намаз окучубуз. Биз операцияга барбай, өзүбүз Кудай деп аракет кылдык. Колдун оорусу жөндөмдөргө байланыштуу, ошондуктан баары Кудайдын колунда экенин унутуп коюп жөндөмдөргө байланыштуу тең салмактуулукту бузган абалдарыбызды кайрадан түшүнүк менен карап чыга баштадык. Колдон бирдеме келбей калса кейиген, жөндөмдүүлөргө көз арткан, жөндөмсүздөргө кыйынсынган, аларды шылдыңдаган, теңсинбеген, мактанган ж.б.у.с. сезимдердин энергияларын нейтралдап чыгуу керек болгон. Жолдошум экөөбүз тең таланттуу болгондуктан жөндөмдөрүбүзгө байланыштуу каталарыбыз өтө эле көп болуп чыкты. Биз байкабайт экенбиз Кудайды карабай. Тез эле баягы жумурткадай шишик жок болуп кетти. Бирок уулум 1,5 жашка чыкканда жолдошум дагы жөндөмдөргө байланыштуу кыялын көрсөткөндө баягыдай шишик 2-3 саатка жетпеген убакта кайра пайда болду. Мен уулумду менен апамдыкына барып, үч күн катары менен токтобой намаз окуп, ошол чатакты карап чыгып атып, анан биротоло кетти. Кудайга шүгүр, ошо боюнча жок азыр. Элдин баарын намаз окугула деп аткан жокмун. Аң сезимибиздеги негизги баалуулугубуз Жараткан Жаратылыштын мыйзамдарына каршы болбосо турмушубуз оңолот деп атам. Кудайга ишенбей деле Биримдикти сактаган үчүн СССРде жөнөкөй адамдар азыркыдай оор абалда эмес болчу. Ал кезде адамдар ак ниет, боорукерирээк болчу азыркыга караганда.

 


Союздун убагынан бери эле кыргыздар өз Мекенинде оруска көз каранды болуп, жөнөкөй эл тургай эң чыгаан, таланттуу, белгилүү ишмерлер ондогон жылдар бою үйсүз квартиралап жүргөн. Азыр деле ал абал өзгөрө элек. “Кыргызстан – общий дом”, а кыргыздар негизинен квартирант. ММК аркылуу кыргызды бүт дүйнөгө ушунчалык жан күйгүзө адилетсиз каралаган маалымат согушу да бекеринен биз менен болуп атпаса керек. “Араздашууда дайыма эки жак тең күнөөлүү, бирок аларды ошого жеткирип өз максаттарын көздөгөн үчүнчү жак негизги себепкер болот” деп айткан акыл-эстин закондорун илимий жол менен эң толук изилдеп, экспериментте далилдеп, маселелерди чечүүнүн эң так илимий негизделген эффективдүү ыкмаларын иштеп чыккан Л.Р.Хаббард. Биздин каталарыбызды пайдаланып өз колубуз менен бири бирибизди кырдырып туруп бизден бошотуш керек болуп атпайбы бейиштей жерибизди үчүнчү жакка. Эми бийликти алсыз деп сынап коюп отура бербей ар бирибиз өзүбүз аракет кылышыбыз керек. Кудай дебесе да ак ниет жашап, жалпы элдин жакшылыгын көздөп түз жүргөн, ыймандуу өзүн атеист деген адамдарды Кудай деле жакшы көрөт деп ишенем. Ал эми ыймандуулук, ынтымак жок коомдо ыймансыздар экономикалык, административдик ж.б. закондорду аткармак беле? Баягы эле талап-тоноо, кошомат уланып келатпайбы. “Кудайдын закондорунан баш тарткан жерде башкаруучулар көбөйүп кетет” деп жүрөт Библияда. Так ошо болуп атпайбы азыр. Бийликтен сырткары башкарган канча жергиликтүү жана эл аралык рэкеттер бар. Ошондой башкаруучулар бошотуп кетип атышат саясий кылмышкерлерди. “Уурусу күчтүү болсо ээси өлөт” болуп канча элдин убалына калганына карап коюштубу? Башкалар ыймандуу мамиле кылышы үчүн биздин абалыбыз тең салмактуу жана таза болушу керек. Антпесе күнөөсү бар кишинин жаны ал башкаларга зыян кылганын токтотсун деп акыры атайы өзүн кырсыкка учуратат. Муну да Хаббард ачкан кылмышкерлер адатта из калтырып кеткенинин себебин издеп атып. Көрсө, ар бир адамдын жаны Жаратылыштын бөлүгү катары өзү да Эң Жогорку Биримдикке – Сүйүүгө баш ийип, башкаларга зыян кылгысы келбейт экен. Тең салмактуулугун жоготкон кыргыз мамлекетинин да тагдыры азыр аянычтуу. Андыктан, табигый закондорду билип алгандан кийин, өзүбүздүн жана кыргыздын келечегин чындап ойлогондор, биринчиден өзүбүз тез аткарышыбыз керек. Өзгөчө бийликтегилер, белгилүү адамдар, ММК кызматкерлери. Биз муну талап кылууга акылуубуз. Себеби экрандан көргөн нерсенин баары аң сезимибиздин түпкүрүндө ойлорубузга багыт берүүчү катары кабыл алынат.


Ал эми Мекенибиздин өкмөт башында тургандардын, эл сүймөнчүгү болгон белгилүү адамдардын жүрүш-турушу элге, өзгөчө ыймандуулугу жаңыдан калыптанып келаткан балдарыбыздын аң сезимине үлгү катары таасир этет. Булардын элге өз энергия-маалымат талаасы аркылуу жасаган тарбиялык таасири чоң. Ошол таасир өкүнтпөгүдөй болуш керек. Мисалы, атактуу “Битлз” дүйнөгө белгилүү болушу менен аларды туурап, жакшы көрүп атып дүйнөдөгү жаштардын көбү тамеки, ичкилик, баңгизатка бериле баштаган. Ар бир кылмышыбызды биз өз энергия-маалымат талаабызда алып жүрөбүз «Кайда барсаң да баягы Мамайдын көрү». Маалымат, энергия, материя деген бир болсо жана энергиянын сакталуу закону боюнча эч нерсе жок болуп кетпесе, биз унутуп калганыбызга же аябай унтуп калууну каалаганыбызга карабай ар бир күнөөбүз өзүбүз менен жүрөт жана башкаларга жуга берет. Мен көп таланттуу жаш жигиттердин иштери жакшы жүрүп атып эле анан иштери жүрбөй, атүгүл баарынан кур калганы аз келгенсип ден соолугунан да ажыраганын байкагам. Сураштыра келсем эле аялдары жок дегенде үч аборт жасаткан болуп чыгат. Анан ал оору, кырсык, өлүмдү чакырат экен. Эгер коомдогу адамдардын көбү өз энергия-маалымат талаасында күнөөсүз наристелерди өлтүрүү, уурулук, коррупция ж.б.у.с. маалыматты алып жүрсө, андай коомдо дайыма чоң кырсыктар боло берет. Андай коомдо кан төгүүгө апкеле турган саясатчылар болот. Ал саясатчылардын ниети, программасы, убадалары да адегендеги Акаевдикиндей чын жүрөктөн сонун болгонуна карабай, жалпы талаа элдин баары Кудайды эстегидей кылып коет. Кара энергиялуу коомдо дайыма ошо энергия бар үчүн кылмышкерлер болот. Азыр жалпы элдин абалын оңдош үчүн, элдин талаасы тазаланышы үчүн ар бирибиз өз талаабызды тазалашыбыз керек. Экинчиден, бул Бирдиктүү талаа жөнүндөгү маалымат бүт дүйнө элдерине жетиши керек. Мамлекеттик деңгээлде кайрылуу жасаш керек. Анткени табигый закондорду билип туруп аткарбаса, Бирдиктүү талаа тезирээк таразалайт. Жанагы үчүнчү күч да түшүнгүдөй кылыш керек. Билбеген үчүн өз кызыкчылыгын гана ойлоп атат. Ошон үчүн, урматтуу Манастын тукумдары, чыныгы патриот болуп кыргыздын келечегин ойлосок, Кудайды унутпайлы, Кудайга ишенбеген патриотторубуз болсо ыйманды, ынтымакты унутпасын! Азыр кимге ишенсе болот? Өзүбүзгө ишенгидей болуш үчүн жандүйнөбүздү аябай тазалашыбыз керек, бир аз ликбез керек кыргызга табигый закондорду илимий түшүндүргөн. Статистика боюнча, идеяны коомдогу 2% эле кишилер ишенимдүү колдосо, ал оңой ишке ашат. Өз энергияларыбыздын деңгээлин жогорулатканга өзүбүз жардам берели, антпесе чет элдик миллиарддар да, гумжардамдар да убактылуу болуп чыгат. Тескерисинче, чет элдиктерге ушу маалымат жардам бералат деп эсептейм – алардын абалы да оор.


Бурул ЖАКЕЕВА, Бишкек шаарынан.

Oct 17

Той..

Насыпбек АСАНБАЕВ.

Насыпбек АСАНБАЕВ.

ЫСЫК ЧЫГАРМА.

 

Заңгыраган чоң тойкананы карай колтукташа баскан кыз-жигит кирип келатышты. Экөө тең жасана кийинип, кыналыша басып алышкан. Бири-бирине карап кыт-кыт күлүп, жадырап-жайнап жүргөндөрүнө караганда өтө чоң кубанычта жүргөн кездери окшобойбу. Тойкананын кең эшигине да жөн кирбей атайылап ойногончо, бири-бирин этияттык менен жөөлөшкөнчө кирип келишти. Мындай меймандарды кур кетирбей тосуп алууга эчактан бери маш болуп бүткөн алда-немедей кийинген жаш жигит кайдан-жайдан пайда болуп экөөнү сылык учурашып тосуп алды.

– Саламатсызбы? Кириңиздер!

– Саламатчылык. Келдик… Неме, админстратор менен сүйлөшсөкпү дедик эле.

– А эмне боюнча?

– Үйлөнүү үлпөтүбүздү өткөрүү боюнча.

– Азыр 5 мүнөт күтө туруңуз. Чакырып келе калайын. Ага чейин бул жерге отуруп туруңуз.

Шыпылдаган неме экөөнү бир столго жайгаштыра калды да өзү жылт коюп кайсы бир эшикке кирип кетти. Көп деле күттүргөн жок. Чыпыя кийинип, башына бир байлам ак жоолук байлап алган жаш келин пайда болуп калды булардын жанында.

– Саламатсыздарбы? Мени сурадыңыздар беле?

– Ооба, сиз администраторсуз да э?

– Ооба. Айта бериңиздер. Үлпөт өткөрөлү деп аттыңар беле?

– Ооба. Биз үйлөнөлү дегенбиз. Анан ушул тойкананы айтышты эле аябай жакшы тейлейт деп.

– Аа буюрса жакшы эле тейлейбиз. Залыбыз да кенен. А сиздер кайсы күндөрү өткөрөлү дедиңер эле?

– А бизге боло берет. Эмки жуманын биринчи күндөрү болсо андан жакшы болот.

– Аа. Так ошол биринчи күнү бизде буйрутма жок. Аябай бактылуу экенсиз.

– Оо, ырас болду. Кыз менен жигит бири-бирин карап дагы кубанычтуу жылмайып алышты.

– Эже силерде тамада, музыкант дегендер бар да ээ өзүңөрдө.

– Ой бизде баары бар. Бүт бар, эч коркпогула. Андан көрө айта бергиле силерге эмнелер керек? Мен жаза берейин убакытты өткөрбөй.

– Макул. Анда мындай. Ммм. Бизге бир тамада. Бир музыкант. Бир фотограф. Эки-үч ырчы. Бир же эгер болсо эки бийчилер тобу.

– А бизде бир кыздардын тобу бар. Анан кичинекей 3 жашар балдардын тобу бар. Болобу ошолор? Аябай жакшы бийлешет.

– Үч жашар кыздар? Бийлей алышабы алар.

– Ой ооба. Сенден жакшы бийлейт

– Аа. Макул анда. Андан кийин дагы 4 ак калпактуу киши. Алардын жанына 3 аял.

– Омей Самат, эмнеге үчтү? Деп чырылдай калды жанындагы кыз.

– Ой кызыксың го, сенин атаңдын инисинин аялы келе алмак эмес да баары бир.

– Эми келе албаса деле ордуна кошуп койо берчи. Тамада «кыздын атасынын иниси» деп чакырып калса  Жаныкул байкем жалгыз чыкмак беле?

– Ии макулчу деги. Анда 4 ак калпак киши, төрт жоолукчан аял. Ии 6 же 7 классташ.

– Классташтар бизде 6-7 деп берилбейт. 5 же 10 деп берилет.

– Макул 10ду деп жазып койуңуз анда.

– Дароо эле тактап алалычы. Классташтарыңыз кандай болсун? Баары тең эле күрмө-шым, ак көйнөкчөн келсинби?

Ии баса. Мен да ушуну ойлоп отурдум эле. Бизге он классташ болду да. Ошондо алардын бир сегиздейи кычырап кийинген, өллө сонун бийлеген балдардан болсун. Экөөсү болсо мындай эле жынсы шым, кара свитер кийген балдардан кылыңыз. Анан тигилер бийлеп атканда ошол экөө мындай четкерээкте эле кол чаап кыйшалаңдап турушсун да. Болбосо баары тең кычыраган немелер болгондо жасалмадай болуп калат го. Чыныгы нукура тойго окшосо жакшы болот го.

– Түшүнүктүү. Дагы айта бериңиз. Мастардын кереги барбы?

– Мастарды? Айка керекпи мастар?

– Жинди го! Мас жок дагы той болчу беле? Масы жок болуп калса элдин баары булардыкы жасалма эле той болуптур деп ойлобойбу.

– Ой эми ансыз деле билишет да.

– Койчу эй Самат. Ушунуң жаман. Эмне баары эле биле бермек беле? Эртеңки жашооңду да ойлосоң. Кийин бирөөлөргө сүрөт-пүрөттөрүңдү деле көргөзөсүң да. Анан алар «ии чын эле сонун той өткөрүшүптүр» деп ойлошсун да. Азаматтар депчи.

– И макул анда. Эже бир мас кошуп койуңузчу.

– Бир мас жакшы болбой калат бирок.

– Эмнеге?

– Негизи бир мас болгондо ал көбүнчө эле ар кимге барып тийишип, ордуна жөн отурбай калжактай берет.

– Анда эки мас кылыңыз.

– Жок, эки мас да жаман. Экөө ар кайсыны талашып атып урушуп кетишет. Эң жакшысы үчтү кылгыла. Кажылдашып тойдун көркүн сонун ачат да.

– Аа, макул анда. Үчтү болсунчу. Энесин урайын үйлөнүү той эмеспи бул.

– Үч мас ээ. Кана, мастар жазылды, тамада жазылды, ак калпакчан куда-кудагыйлар жазылды. Ии баса өкүл ата керекпи?

– Айий аны унутуп калган турбайбызбы? Сөзсүз керек да ал.

– Кандайы керек? Крутой болсунбу же?…

– Албетте крутой болсун да. Ушунча үлпөт кылып анан өкүл атага жөнөкөй немени коюп алсак болмок беле? Кандайлары бар силерде?

– Биздеби, бизде өкүл атанын түрү бар. Ай Жанна, өкүл аталардын каталогун алып келчи.

– Нары жактан тыпылдаган дагы бир кыз каталогдорду көтөрүп чуркап келди.

– Ойий эже, өллө сонун өкүл аталар бар го.

– Ооба да. Бизде баары бар. Тандагыла шашпай.

– Карачы Самат, мобул сонун өкүл ата экен сага да окшошуп кетет экен. Ушуну алалыбы?

– Чын эле э. Кана кызматы эмне экен? Россиядагы кыргыздардын диаспорасынын жетекчиси дейби? Кой эй мунуңду. Булар көбүнчө алдамчы болот дешет го. Ошол жактагы мигранттарга документ сокумент жасап акча кылышат. Кереги жок. Азыр баары эле Россияга баргандар да. Алар бүт жаман көрүшөт.

– Макул анда. Кайсыны тандайлы?

– Ата-Мекен партиясынын депутаты дегендер бар бекен?

– Э койчу аларды? Ата-Мекендин азыр баркы түшүп калган.

– Эй сен даанасың го. Текебаев турганда Ата-Мекен кайра эле ордуна келет.

– Самат, кечээ эле саясат жөнүндө сүйлөшпөйбүз дебедик беле. Экөөбүз ушул темага келгенде сөзсүз уруша кетебиз.

– Ии макулчу анда. Өзүң тандачы деги. Мен эмне айтсам эле каршы чыга бересиң.

– Ии жаным таарынбачы. Макулчу, макул сен тандачы.

– Жок, Мен билбейм. Сен өзүң танда.

– Ии бултушкам. Кел анда мындай кылалы. Замандаш партиясы азыр жакшы чыгып келетат го. Ошондон койобуз өкүл атаны.

– Ммм, баягы эле мигрант-пигрант диаспораларыңбы? Ии баса, кел андан көрө мэрияда иштегендерден койобуз.

– Кана ошондой бар бекен?

– Бар андайлар. Айтып атам го бизде баары бар. Мына 16-бетти карасаңар. Өткөндө үйлөнгөндөр дагы ошону тандашкан. Азыр мэрияда иштейт деген өкүл ата аябай жакшы өтүп атат. Кийин айтканга да жакшы экен да. Мэрияда өкүл атам бар десеңер аябай жакшы угулат.

– Макул, ошону тандадык анда. Болдубу, бүттүк го ээ? Эже сиз да бир карап койсоңуз.

– Азыр кана тигил бар, бул бар. Төрдө тигилер отурат. Ии, күйөө жолдош керекпи?

– Аа ооба. Бир күйөө жолдош, бир кыз жолдош кошуп койуңузчу.

– Кандайынан кошойун?

– Эмне алардын да көп түрү барбы?

– Жок үч эле түрү бар. Узун, кыска анан орто бойлуу.

– Анда бизге орто бойлуусунан бере бериңиз.

– Макул. Негизи ушул орто бойлууга аябай көп кардар чыгат да. Жакшы иштейт ушулар. Ходовой.

– Дагы эже, дагы эмне керек?

– Эже-жезде, группалаш анан коллектив дегендер калды.

– Эми алар эже арткы пландагылар да. Андайдан элүү кишини өзүңүз аралаштырып кошуп койо бериңизчи.

– Макул. Анда силердин тойуңарга даярдык бүттү окшойт ээ.

– Эже дагы карап көрүңүзчү. Мындай столдорго жайгаштырып. Биз унутуп калчу элек.

– Макул. Анда дагы бир сыйра тактап чыгалычы. Тамада бар, фотограф бар, бийчилер бар, кудалар бар, өкүл ата… ммм. Булар тигил жакка отурса, тигилер бул жакка. Ии баса, чоң ата, таята дегендер жок го бизде.

– Ой эже алардын кереги деле жок го.

– Негизи аларды деле кошуп коюш керек. Балпайып төрдө отурса аябай красива көрүнөт.

– Самат, кандай кереги жок? Мен кийин биз үйлөнгөндө таятам-таянем бар болчу деп айткым келет. Кошуп койолучу.

– Ии макул анда. Сага таята кошуп койолу. Бирок бирди эле.

– Иий, таянем да болсо жакшы болмок?!

– Эми таянем бар болчу. Бирок айылдан келе албай калган деп деле айтып койчу. Акча жетпей калганы калды.

– Ии болуптур болуптур. Жиндебе бултушкам. Эже, кандай абышкалар бар?

– Бизде абышканын да түрү көп. Негизи тойлордо алардын келгени, чыгып бата бергени жакшы да. Бирок ошого жараша абышкалардын жаңылары аябай кымбат турат.

– Каталогу барбы?

– Жок алардын каталогун чыгарган анча пайдалуу эмес. Алар бат-бат жаңыланып турат. Өлүп калат, ооруп ишке чыга албай калат, ордуна жаңы келип калат. Кыскасы каталогу жок.

– Иий, анда кантип тандайбыз?

– Ой ал оңой эле. Азыр мен тиги карылар үйүнө чалсам ал жакта толтура. Андан сырткары атайын ушундай иштеген элитныйлар бар. Группа группа болуп иштешет. Аларды чакырсак эле келе калат.

– Макул анда ошол элитныйлардан чакырсаңыз.

– Азыр. Администратор кимдир бирөөлөргө чалып өздөрүнчө сүйлөшө калды да телефонду колу менен басып кызга шыбырады:

– Буларга жаңы эле айылдан 120га чыккан абышка алып келип кошушуптур. Негизи жаңы келгендер кымбат болот. Биринчи кардары силер болуп атпайсыңарбы? Ала келишсинби?

– Кымбат болгондо канча? – деп чыдабай кошула калды Самат.

– Эми, жаңы да, бир түнгө 150-200 доллардын башын чапчыйт.

– Омиий, А саатына алчакчы?

– Анда келе берсинчи, келгенде сүйлөшөбүз.

– Макул. Баса өткөндө бир курбум бир чалды чоң ата кылса аябай жаман чал экен дейт. Тойдо аягына чейин отурбай өлүмүш болуп айласын кетириптир. Ошондойлор болбойбу?

– Аа, алар жанагы карылар үйүнүн чалдары ошондой болот. Эптеп эртерээк кетиш үчүн ошентип туйлай берет. Алганга жараша мобу элитныйдан алыш керек да. Булар акча үчүн иштеген немелер каалаганыңды кылат.

– Ээ. Анда ошолордон эле алалы ээ Самат.

– Макул. Бир ооз кебиң катта майрам дечү беле. Кана, анда бүттү го ээ.

– Ооба, биягы бүттү. Эми дасторкон калды. Абышкалар келгиче столду ойлонуштура берели.

– Ой эже эми столду өзүңүз билесиз да. Эки-үч түр салат. Ортодо боорсок, момпосуй, печенье, алма өрүк, иши кылса дасторконду толтуруп коюңуз. Анан бир тамак бересиз дагы, кетээрде эт тартасыз.

– Бардык столдуку бирдей эле болобу?

– Ооба баарына эле жасалма немелерден койдурасыз да. Азыр кадимкидей эле тамакка окшогондор чыккан турбайбы. Камерадан деле билинбейт экен. Ии баса, бир столго эле беш-алты киши келет. Ошолорго чыныгы тамактардан кычыраган дасторкон даярдап коюңуз. Алар менин чогуу иштешкендерим болот. Кошумчаны жакшы кошуп атышат буюрса. Уят болбогудай бололу.

– Аа макул. Аны жасайбыз. Макул анда, абышкалар келгиче отура тургула мен азыр келем..


Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаары.

 

Oct 08

Эрматов маек..

ээ 5КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил бойунча Улуттуккомиссиянын төрагасы Эгемберди ЭРМАТОВ:


«БИЗДИН АЛДЫБЫЗДА АЧЫЛГАН ТОП ДЕГЕН ЭМЕСМИН»


– Агай, КТРК де сиз катышкан «Күндүн темасы» берүүсүндө «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобун биз негиздегенбиз, колдоолорду көрсөтүп жатабыз» дедиңиз, ушул тууралуу кенен маалымат бере аласызбы?

– Биз «Кыргыз Көчү» эле эмес, кыргызча көп сайттар менен иштешип жатабыз. Мисалы «Кыпкыргызча», «Кыргыз тудей» айтор көп сайттар менен кызматташып жатабыз. Алар биздин ар кандай материалдарды, жасалган иш чараларды жарыялап, кыскасы азырынча маалымат алмашуу болуп жатат. Ал эми биз конкреттүү материлдык колдоо көрсөткөн сайт жок азырынча. Президентибиз кыргыз тилин өнүктүрүүгө аракеттенип, анын үстүндө иштеп жаткан кыргызча сайттарды материлдык жактан колдоо тууралуу жарлыкка кол койду. Эми Жаңы жылдан кийин буйруса казынадан атайын каражат бөлүнөт деп күтүп жатабыз. Ошондо материалдык жардам да беребиз.
– Бул топту учурда Финландияда жашап жаткан эркин журналист Асыран Айдаралиев негиздегенинен кабарыңыз бар чыгар?
-Чынында так маалыматым жок, иштешсек баарын такташып, кабарлашып турабыз деп ойлоймун.

– Сиз анда берүү учурундагы өз сөзүңүздө «биздин алдыбызда ачылган топ» деп эмненин негизинде айттыңыз?

– Биздин алдыбызда ачылган топ деген эмесмин, мен биз маалыматтык тараптан иштешип, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп жаткан сайттар деп айткам. Ал жерде дал ушул топ тууралуу эмес, жалпы эле кыргызча сайттар тууралу кеп козголгон. Деги эле ушундай сайттардын башын бириктирип, чогуу иштешсек деген пландар бар.

– Сиздерге «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунан өкүлдөр келиштиби?

– Жеке менин кабыл алуума келишкен жок, биринчи болуп сиз менен маектешип жатам. Мүмкүн менин башка жардамчыларыма келишкен чыгар.


Маек курган Айжаркын ЭРГЕШОВА. Акын, журналист
.

P. S. Ушул беш ооз сөзгө жооп алып, Асыран ага аманат кылган «Көчтүн» алакандай катын калтыруу үчүн үч күн Эрматов агайдын эшигин кагып, бирок үч күн тыкылдаган катчы кызын гана көрүп кайтып жаттым. Катчы кыз улам «ана келет, мына келет», «азыр кетти», «саат баланчада келиңиз, келсе эле чалып койом» деп тил эмизип, бирок чалган жок. Качан бир аз кайым айтышканда гана агайына кирүүгө убакыт тапты. Үч күн күттүргөн маек үч мүнөткө созулду да, үч ооз кеп айтылды..

Aug 04

Кайда баратабыз?

энеКАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР!.

Жайдын ысыгы жарым саат көчөдө калсаң куйкалап жиберчүдөй ачуу. Мындай аптаптан улам көчөдө деле адам сейрек кездешет. Бирок биринин жолун экинчиси тороп, кайдадыр эле шашкан авто унаалар, Бишкекти кыймылга келтирип аткан жалгыз заттай. Киев көчөсүндөгү соода үйлөрүнүн биринен чыгып, маршруттук такси күтүп туруп калдым. Кыркалекей тизилген маршруткалардын бирин токтотуп чыга берээримде, «кызым токтото турчу» деген бир улгайган адамдын үнү угулду. Байкуш эне, болгон күчү менен чуркап келип, менден башка бирөө жарымы туруп берээр бекен деп ыргылжың болуп эки жагын карап, алдыңкы орунда отуруп калганы үчүн айла жок туруп берген бир кыздын ордуна алкап-жалкап барып отурду.


энеа«
Айабай көп турдум, бир да маршруттук такси албай койду. 5 сомдон төлөйбүз, ал дагы айдоочуларга акча эмес. Карыйаларды адам ордуна санабай калды бул коом» – деп айабай кейиштүү сүйлөндү эне. Эч ким унчуккан жок, эмне демек элек. Мүмкүн айрымдарыбыз бул коомдун бир мүчөсү экенибизге, мындай көрүнүштөргө өзүбүздү да күнөөлү сезгендиктен унчукпаган чыгаарбыз, а кээ бирөөлөрүбүз көнүмүш бир карыйанын сүйлөнүп атканындай кабыл алгандырбыз, ал эми башкаларыбыз такыр эле уккан деле жок окшойбуз…
Жетээр жериме жетип, түшүүгө камынып калсам, ал эне да ал жерден түшөт экен. Ошентип колундагы баштыгын алып, эненин колунан жетелей андан ары сапарыбызды чогуу уладык.


Людмила Александровна, 83 жашка барып калган акылы айнектей тунук, сөздөрү сылык, жайдары мүнөз сонун чоң эне экен. Инисинин кызы француз улутундагы жигитке турмушка чыгып, бул жакка келишип, үйлөнүү үлпөт тойун өткөрүп атканын, ошол тойго баруу үчүн инисиникине бара жатканын кобурап айтып берип жатты. Небересине эстеликке деп атайын өз колу менен жасаган белегин көрсөттү. Көздүн жоосун алган Ысык-Көлдүн элесин кадимки эле айнек күзгү бетине түшүрүптүр. Кесиби сүрөтчү экен. Былтыр 82 жаш курагында И. Арабаев атындагы КМУнун көркөм сүрөт факультетин бүтүрүптүр, урматтуу замандаштар.

«Жашоодо көп кыйнычылык көрдүм, майып балдарымды кароого бүт күчүмдү жумшадым. Өмүр бойу жогорку билимдүү сүрөтчү болууну эңсечүү элем, кудайыма миң мертебе ыракмат, тилегиме жеттим» дейт кубанычын жашырбай.


Кооз жашоо, ыңгайлуу жашоо, жеңил жашоо… Мына ушуларга умтулууну учурда жашоонун маңызы катары кабыл алып, ошого аракет кылып, канчалаган күч-кубатыбызды коротуп жашап калдык. Буга таң калуунун өзү таң калычтуу кабылданып калган бул заманда дале болсо кайдыгерлик менен мерездиктин тизгинин тартып, карыяларыбызга көңүл буруп алсак… Адамдар, карыйалар алсыз, керексиз бир коом эмес, алар, карыйалар дале болсо кээ бирибизге караганда көбүрөк пайдалуу. Алардын алтынга тете акыл-насаатын эске албаган, аны керексиз эсептеген, баарын өзүм билем деген заманда экенибизде, баарынан өкүнүчтүүсү ошону туура деп жашап жатканыбызда талаш жок. Бирок жогорудагы энедей болуп,
«акылын айтып жаман көрүнбөй» эле жасаган иштери менен бизге, жаштарга, жалкоолукка белчесинен батып алган муунга үлгү болоор карыйаларыбыздын четтен чыгаары биз үчүн байлык..


Айтурган САТИЕВА. Журналист, Бишкек. 04.08.2013.

Jun 25

Бук..

Айтурган САТИЕВА.

МЕН СЕНИ САГЫНДЫМ, АТА!..

Менин атам бул гүлдөрдү жакшы көрчү эле. 1-май, 9-май, 25-май… Бул майрамдарда зараңдын аңкыган жыттуу гүлүн кошуп, кооз жалбырактарга ороп укмуш кооз букет жасап берээр эле. “Апаңа бер”. Кооз букетти мага берип жатып ушинтип айтчу. Бардык майрамдарда апамды гүлсүз калтырчу эмес. Апам да апам, мугалимим да апам болгон үчүнбү же балалуу болгондо аталар ушинтип калабы, атам жасаган букеттерин менден берип жиберчү. Ошол күндөрдү эстегенде апам азыр да айтып калат “дүйнөдө күйөөсүнөн көп гүл алган мага теңдеш эч ким жок болуш керек” деп. Албетте, бул апамдын сезимдери деңизчи, бирок атам себепсиз деле гүл тартуулаганды жакшы көрчү. Өзү фантазиясында чек жок, сүрөтчү, скульптор, Омар Хаямдын рубаилеринин мыкты которуучусу болгону үчүнбү, гүлдөп турган алма-алчанын гүлүнөн, же баардык өсүмдүктөрдүн гүлү мөмөгө айланган күз айында деле, куурай, сары-кызыл жалбырактар менен керемет букет жасап койчу. Ал эми кызгалдакты эмнегедир өтө аяр мамиле кылып жакшы көрө турган.

– “Ата, мунун эмнесин жакшы көрөсүң? Жыты дээрлик жагымсыз, үлп эткен жел болсо желекчелиринен кош айта бер, чыдамсыз гүл го” -деп нааразы болсом, жылмайып мени көпкө үнсүз карап туруп;

Кызгалдактар.

– “Анын өңүн карачы, нукура өңдөр, жалбырактарынын өңүн карачы, желекчелеринин, жаңыдан ачылганы аткан түйүлдүктөрүнүн, сабагынын, бир тамырдан топтошуп чыгып даяр букет болуп турганын, булардын бири-бирине болгон айкалышын карачы… ал эми анын назиктигичи… кудум эле сага окшош кызым. Кудайым мени силердей 4 кызгалдакка ата кылганына чексиз ыраазымын, мен бул гулдөрдү көргөндө 18 жашым көз алдыма тартылат, жараткан мага жар кылып тартуулаган менин тоодой бактым апаң менен таанышкан, түбөлүк турмуш жолуна аттанган, андан кийин силер төрөлгөн күндөр сен жакшы көргөн “кызыл алма” тасмасындай көз алдыма тартылат кызым. Мүмкүн сен туура айтып аткандырсын, бул гүл деле адам өмүрү сымал барксыз нерседир, бирок мен үчүн, менин дүйнөм үчүн ыйык гүл, сулуу гүл, улуу гүл, акжолтой гүл” деп айтканы эсимде. Гүл болсо да чын дилден сүйгөн мамилени билет белем, биздин огороддо ого эле көп өсчү. Айдоо себээрде айла жок айдатып салганыбыз менен себилген жүгөрү, мөмө – жемиштин чет-жакасына жайнап, тээ атамдын бала кезиндеги пионер жагоосундай коңшулардыкынан биздин огородду өзгөчөлөнтүп турчу. Атам өзү да ушул кызгалдакка бай, май айында жарык дүйнөгө келген эле.

Ата, мен баягыда сенин жаткан жайыңа бардым го, өзүң каалагандай болуп, атайын бирөө келип сээп кеткендей болуп кыпкызыл кызгалдакка толуптур мүрзөңдүн үстү. Сени жаңы жерге бергенде агамдар “жакшы жерден болуптур жайы, элдин адамы эле, айылын жанынан артык көрчү, канча талаалап, канча жер кыдырып жүрдү, бирок айылын жадынан түк чыгарган жок, ошол айылдык жөнөкөйлүгү менен кетти чиркин” деп айткандары эсимде, бирок мен жаткан жайыңа айрылуунун уусуна буулугуп жүрүп көңүл бурбаптырмын. Эми абай салсам, чынында жакшы жерден жай алыптырсың. Өзүң сүйгөн айылың, алаканга салгандай көрүнүп турат экен. Адырдын өйдө жагында болуп, үстүнө толгон кызгалдактар менен, кудум сен сүрөт тартып аткандагы ойлуу образыңды берет экен…
А мен, сен сүйгөн кызгалдактан терип алып барган элем… Мен сени сагындым АТА…

Айтурган САТИЕВА. Бишкек шаары.

Jun 22

Каңырык..

БЕТЕГЕ КЕТЕТ БЕЛ КАЛАТ..

Мына, дагы балээ болду. Москвада кара жанды карч уруп, кекиртекти бычактын мизине такап коюп иштеп жүргөн кыргызга дагы бир балээ кошулду. Домодедово аба майданы жарылыптыр… Ансыз да кыжыры кайнап, сырттан, айрыкча КМШ өлкөлөрүнөн келген келгиндерди көзүнүн төбөсү менен карап отурган жергиликтүү калк ого бетер кыжырданып калды. Кара жаны менен үй-бүлөсүн, ата – энесин багайын деп араң жүргөн кыргызга кошумча түйшүк болду бул. Кечээ бир орусту өлтүрүп коюшту деп дүңүнөн көтөрүлүп барып, жаалданып барып араң токтогон орус улуту, бүгүн тишин кычыратып араң эле тургансыйт. Бирок, биз кордукка чыдап көнгөнбүз да. Бул кеппи биздин калкка?
Бөлөк элдин эмес өзүбүздүн эле атка минерлер, кыргызды элим дебей, боорум дебей темселетип койгон соң кайда барат элек? Чыдайбыз да… Кечээки көтөрүлүштө сексен жигит шейит кетти деп отурабыз. А чынында ушул биздин бийликтин жеке куу башын ойлоп отурганынан 20 жылдан бери канча кыргыз шейит кетти, эсептеген киши болду бекен. Жоок. Аны биздин атка минерлер эсептебейт. Биздин чоңдор ошолордон түшкөн акчаны гана эсептейт. Миллиарддаган сомдор которулат деп санап отурушат го, Кыргызстанда, жылуу үйүнө жатып алып, элдин коюна чейин паспорт чыгарам деп ыңгыранып.
Канча жигитти ур тепкиге алып өлтүрдү? Канча кыргыз келин көрүнгөн улуттун дөгүрсүгөндөрүнө жетеленип, алданып, кор болуп жүрөт? Канча сакалын сүйрөгөн аталарыбыз, саамайын ак аралаган апаларыбыз орустун короосунда жүрөт шыпыргы-калагын көтөрүп? Эй, эл билермандары, силердин куу кекиртегиңер үчүн сексен жигит шейит болгон жок! Эсиңерге бекем түйүп койгула! Кыргызстанга мигранттардан жылына мынча миллион сом которулса, анын канчасы чөнтөгүмө түшөт деп эсептегендей эсептеп койгула. Силердин куураган курсагыңар үчүн мобул жерде миңдеген кыргыз шейит болуп жатат. Миңдеген кыргыз кор болуп жатат! Миңдеген кыргыз ден соолугунан ажырап, миңдеген кыргыз бактысыздыкка кабылып жатат!
Арданган кыргыз, кечээ жергиликтүү милициянын кордугуна чыдай албай Москвада пикетке чыкты деп күлкү болуп отурабыз. Кабарыңар барбы ошондон атка минерлер? Эмнеге чыкты ал байкуштар? Ойлондуңарбы? Жөнөкөй элдин кысымына, кошул-ташыл болуп, мамлекеттик бийлик тебелей баштаганынан чыкты ал байкуштар. Эмне кылсын? Дагы кандай кылсын? Биригип, бир жакадан баш көтөрүп чыксак, бизди уга турган бирөө болот бекен деп чыкты да. Болбосо, бул жердин кысымы күн санап күч алып баратат го. Жакпаса кетип калсын элине деп келекелеп отурат бул жактагылар. Туура да. Жактырбасаң кетип кал дейт да. Өзүбүздүн жакшыларыбыз деле ошону айткансып отурбайбы. Кыргызстанда иш таба албасаң, кетип кал дегенсип эшиктин баарын кенен ачып коюп отурат биздин чоңдор деле. Эртеңки элдин камын ойлочу адамдар, бийликке жетип жетпей биринен бири өтүп так талашып, акча талашып отурганы калппы? А биздей карапайым калкка эшик ачык. Алардын жыргаганына нааразы болсоң кетип кал Кыргызстандан. Бар, барып орустун заңдаган жерин тазалап, чаңдаган жерин жууп жаша. Ушул го биздин чыгаандардын түпкү ою. Болбосо оруска эмес, казакка кор болбогон кыргыз ушунча темселеп калат беле? Мал киндиктүү, бышыкчылыктуу жерибиз 5 миллион калкка жетмек тургай, ашып кетет эле го. Кыргыздын мээси иштебейт, кыргыз жалкоо дегендер жаңыласыңар. Кыргыздын мээси да иштейт, жалкоо дагы эмес. Аны ушул сыртка чыгып келгендер беш колундай билет. Кандай кысым, канчалык бут тосуу болгонуна карабай, жергиликтүү калк менен теңтайлаша иштеп, бүтүндөй калкты, ага кошуп соргок бийликти багып келет го. Улам бири сокур чычканча үйүп-жыйып жыйнап алып, качымыш болуп баса бергенине карабай, Кыргызстанды бутуна тургузуп келатканы калппы? Болгону биздин багыбызга жарытарлык бийлик келбей турбайбы. Сата алганын сатып, алы жеткенин тартып алып, эл алдында жүзүн жаркылдатып басып жүргөндөр гана бийликке келип жатат канча жылдан бери.
Шордуу кыргыз дагы канчаны көрөр экенсиң? Каар заман, тар заман, кор заман деп ырдап өткөн эле кечээ Жеңижок баштаган залкар агаларыбыз. Эми ал замандан бул заман тар болду окшойт. Токтогул убагында 5 каман деп ырдаса, кечээ апрелге чейин эле 25 каманды кубалап чыкты окшойт биздин эл. Дагы канчасы калды күпүйгөн күпүйгөн бойдон. Карга карганын көзүн чокуй албайт тура көрсө…
Мына бүгүн да кар жаап жатат. Шыбыргактап согуп жатат сыртта кар. Эми таң азандан, түн бир оокумга чейин какшанган суукта кар күрөйт биздин жигиттер шымаланып. Былчылдаган баткак буту менен балчайта басып, булгап кеткен жерлерди жууйт биздин кыз-келиндер, жеңелер, эжелер. Анан ошондон алган тыйынын Кыргызстанга салат жадырап жайнап, акча көктөн түшкөндөй маңдайы жарыла сүйүнүп. Кыбыңдаган көздөрүнүн нары жагында болсо нечен кайгы, нечен сыры катылуу алардын. Туурулган колдору нечен оорукчанга даба берип, нечен ачты тойгузган алардын. Тердеп-кургап тапкан ырыскысынын милиция жана көрүнгөн шылуунга алдатканынан калганы менен өзүн дагы, элин дагы, тойбогон бийлигин дагы багып келатат алар. Окууну бүтүп-бүтпөй келип, бүтүндөй үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрүп, өзүнүн да келечегин түздөп жүргөн инилерибиз, карындаштарыбыз канча?
Бар болгула мекендештерим! Бар болгула жана ушул кайратыңардан жазбагыла. Бүгүнкү тарткан түйшүгүңөрдүн да эсеси кайтып, Кыргыздын башына да бир баатыр туулаар. Курама жыйып журт кылган, кулаалы таптап куш кылган баатыр туулгуча ушинтип темселеп оокат кылып, чокулап тыйын чогултуу биздин дастанда да жазылган эмеспи. Үмүтүңөрдү гана үзбөгүлө ага чейин. Биздин элге да бак айтылып, биздин Кыргызстан да өнүгүп кетээринен, баарыбыз уул-кызыбыз, ага-тууган, жек-жаатыбыз менен өз төрүбүздө отураарыбыздан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат дейт эмеспи. Азыркы куу кекиртегинен наркысын ойлой албаган бектер да кетет эртең.

Насыпбек АСАНБАЕВ.  Маскөө шаары, 2011-жыл, 6-февраль.

Jun 20

Жанмаанай..


АПАМА КАТ.

Апаке, апам менин!
Алгач ирет көзүмө жаш тегеренип, жүрөгүм миңге бөлүнүп, атыңызды ичимен миң кайрып, ушул баянымды жазууга кириштим. Колго калем кармап, ыр дүйнөсүнө аттангандан бери баш-аягы жыйырма жылдай убакыт учса да, буга дейре бир сапар да сиз туурасында жазбаганыма, көңүл жылытарлык жылуу пикирди газета беттеринде арнабаганыма кейип турам, ушу учурда. Буга балким, уяңдыгым себептир. Ырасында эле сиз тууралуу жазуу мен үчүн абдан оор экенин сезсеңиз кана, жөн салды эле отура калып чүргөй салчу жеңил иш эмес экенин билсеңиз кана. Антпегенде илхам дайрасы ташкындаган көз ирмемде кичинекей макала эмес, көлөмдүү китеп да жаза аларлыгым аштан бышык эле, апаке. Болгону уялам, апа, улуу атыңызга көлөкө түшүрүп алуудан чоочуйм, ички дараметимде али бышып-жетилелектей сезем, өзүмдү. А балким максатыма ылайык келечекки күндөрдүн эсебинен сизге арналчу чыгармам да жарык көрөөр, буюрса. Андыктан бүгүн сизге жөн эле кайрылуу баянын жолдоп, көңүлдөгү бугуп жүргөн армандарымды айтканча бир жеңилдеп алууну чечтим, апаке! Кудум бала кездегидей тизеңизге башым жөлөп эркелегенче, оюма келген пикирлерим менен ортоктош болушуңузду кааладым, апа!

Билесизби, апа? Мен эч качан чоңойгум келчү эмес, көзүңүздүн тирүүсүндө. Дамамат сизге эркелеп, таң эрте уйду саарыңыз менен мага сунган чыныдагы жылуу сүттү ичип, тандырдан үзгөн токочуңуздан керте тиштегенче, жаныңыздан такыр чыккым келбечү. Эркелеп демекчи, көкүрөк күчүгүңүз болгонум үчүнбү, мени башка балдарыңызга караганда көбүрөөк эркелетчү элеңиз. Антсе да мезгил баарын өз ордуна коёт тура. Капилеттен жашым он бирге таяганда атам экөөңүздөр удаа-удаа бул жалгандагы өмүр сапарыңыздарды карытып, чын дүйнөгө узап кеттиңиздер. Ошондон ушул күнгө чейин эч кимге эркелебей, үмүттүү күндөрдүн кучагындамын, сиздердин жок экениңиздерге ишенип-ишене албай. Мага сиздер алыс жакка айылчылап кетип, кайра бир күн жарк этип күлүмсүрөй кирип келчүдөй туюла бересиздер. Отуз бирдин суусун ичип жүргөн ушул чагымда да ушуреки ишенимден айрыла албай жашап келем. Балким, мен сыяктуу ата-энесинен көктөйүндө ажыраган балдардын баары эле дал ушундай ойлорду көкүрөгүнө түнөттүшөттүр. Өткөндө кайсыл бир басылмадан, казактын кайсыл бир ойчулунун «Апасы бар адамдар эч качан картайышпайт» дегенин окуп калдым да, эң калетсиз айтылган кеп экенине ынандым. Ырасында эле, апасы бар адамдарда арман деле болбосо керек. Ушул өңүттөн саресеп салганда менин өз жашыман бир топ эле улуу көрүнгөнүм айдан ачык.

Сиздерден айрылгандан кийинки көргөн күн курусун, апаке! «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деген сыңары алдыда көрөр күнүң мол болсо, бешенеге кудурети күчтүү Кудай ушундай тагдыр буюруп койсо, албетте, ата-энең жаныңда болбосо да элдир-селдир өтө берет экен, жашоо. Бирок да, жалаң армандын жетегинде. Билсеңиз, мен сизди дайыма эстейм, апа. Каерде жүрбөйүн, кандай жумуштар менен алектенбейин, дайыма эс-көөнүмдүн төрүндөсүз. Жашоодогу ар бир урунттуу учурга кабылган сайын сизди эстеп, муун-жүүнүм бошошо ичтен сызып алам, жан адамга көргөзбөй. «Баланчанын баласы жаман окуптур» сыпатындагы жаман сөздөрдү сиздерге илештирбөө максатында кааласам-каалабасам да мектепти эң жакшы деген баалар менен аяктадым. Андан соң Университетте экенимде да алдыңкы студенттердин катарын толуктоого аракет жасадым. Университетти бүткөндөн соң газета чыгаруу жаатында эмгек этип жүрүп үйлөндүм, апа! Ошондо бир ыйладым, элдердин апасындай болуп, ак дасторкон үстүндө алакан жайып, келиниңиз экөөбүздү алкап, кубанычыңызга кубаныч кошулуп турса жарашпайт беле? Андан соң жыл айланбай кыздуу болдум, апа! Төрөт үйүнөн кызымды көрүп, сүйүнчүлөгөнү шаардагы агамдын үйүнө бараткан жолдо көзүмүн жашын он талаа кыла, өпкөм-өпкөмө батпай солуктап, ошондо бир ыйладым, апа. Кечээки эле көкүрөк күчүгүңүз эрезеге жетип, эми өзү ата болгонуна жетине албай турганын көрүп, небереңизди колго ала эркелетип, чоң энелик доорду баштан кечирсеңиз жарашпайт беле? Былтыры болсо Бишкектин чет жакасына там тургуздум, ошондо бир ыйладым апа, келиниңиздин ысык чайын ичкенче, чакан тамыбыздын берекесине береке кошуп, сөөлөттүү көлөкөңүздү көрсөтсөңүз жарашпайт беле? Албетте, жарашмак, аттиң десе! Ал жагын бир айтамбы же миң айтамбы?..

Апа, апакем, менин! Сиздер келбес сапарга кеткенден бери да жыйырма жылдай убакыт суудай агылыптыр. «Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы» дегендей андагы сиз көргөн турмуш, тап-такыр бөлөк нугуна өзгөргөн. Кандайдыр бир деңгээлде элдин пейили тарып, бир тууган бир тууганы менен эсептешип калган капитализмдин желаргысы согууда. Өлкөбүзгө эгемендүүлүк орноп, эл билармандарыбыз эл тагдырын каалагандай калчап, карапайым калктын бир даары акча таап, үй-бүлөсүн багуу максатында башка өлкөлөргө тербип кеткен заман, азыр. Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң дечү беле? Андыктан алардын арасында албетте мен да бармын, апа. Тагыраагы капкалуу Москва калаасында жашап жүрөм, айына үйгө акча салып, тириликти тыңдап алуу ниетин көздөп. Москва демекчи, бул калаа мага биринчи көргөн күндөн тартып эле акыр-чикири аралашкан, зор океандын түспөлүндөгүдөй таасир берет. Анткени, башаламан жашоонун накта өзөгү дал ушул калаада бүчүр ачып, ыймандын куту качкандай. «Сүйүүнүн көзү сокур» накылыбызга төп келчү жосунсуз жоруктар кадам сайын кездешет. Кыл мурут коюп, жаңы эле өспүрүм курактан өткөн жигиттерибиз энесине тең чамалаш аялдар менен баш кошуп алышкан. Канчалаган наристелерибиз ата-эне жытын жыттабай айылда жүрүшөт, ичигишип. Ал эми алардын аталары, мындайча айтканда бизге үлгү көрсөтчү агаларыбыз айыл-апага бала-чакасын, жарын таштап коюшуп, никеси жок эле бөлөк аялдар менен таттуу мамилешүүгө ыкташкан. Айтор, бир бөлмөдө он-он бештен тыгылып алышып, өз билгендерин жасашууда. Анан дагы кырчындай кыздарыбыздын басымдуу бөлүгү бөлөк улуттун жигиттеринин колтугуна кире качышканы каңырыкты түтөтпөй койбойт. Бирдеме десең «Москвачылык» деп беттен алмай адатка көчүшкөн. Ушундай жагдайда тапкан акчабызда кайсыл береке болмок да, кандайча жаркын жашоого тез арада жетинмекпиз? Ириде руханий жактан азат боюбузду аруу тутканыбызда гана иштерибизди ийгилик коштосо керек эле деген ойго жетеленем.

Эх, апаке, эл тагдырын жазгым келет, жупкадай үч ыр жыйнагымы чыгарганыма карабастан кыргыз адабият айдыңында Чолпондой жангым келет. Эл тагдырын го, ар түркүн тематикада макалалаштырып газета бетине чагылдырып келатырым, колдон келишинче. Эл тагдырын го ушинетип жаза берет экем, а менин тагдырымы ким жазат, апа? Атам экөөңүздөрдөн айрылып, жетимдиктин запкысын тартканымды, өз Мекенимден туруктуу турмуш күтө албай, чоочун өлкөдө өнтөлөп, элдир-селдир жашап келатканымы, ар күн сайын Ала-Тоом көздөн учуп, сагынычтын сазына белчемен батканымы ким жазат, апа? Эх, апаке, апаке?…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Маскөө шаары.