Jan 07

Чыңырган чындык.

ЖК депутаты Урмат АМАНБАЕВА.


УЛУТУН УРМАТТАГАН ЖАЛГЫЗ УРМАТ АМАНБАЕВАБЫ?

«Убадага сараң адамдар гана айтканын так аткарат».
(Ж. Ж. РУССО)

Өткөн жыл өз нугу менен кетип, эми минтип жаңы жылан жылынын тамагын да татып баштадык. «Чыгаша чыкмайын киреше кирбейт» демекчи анча-мынча болсо да айтып-дей турган жылыштар болбой койгон жок, ага да шүгүр.

Тилеке каршы кендирибизди кезген кемчилигибиз да жык жыйма. Анын баарын бирден санап отурбастан эң башкы көйгөйүбүзгө айланып бара жаткан Эне тил маселесинин айланасында сөз козгоп, улут көйгөйүнө айланып калган ушул маанилүү маселени кайра баштан кабыргасынан коюп, дагы да болсо калың журт эсине салып турбасак болчудай эмес. Добулбас кагып, кыйкырып-өкүргөнүбүзгө чейрек кылымга жакындап бара жатат, жыргата турган жылыш көрүнбөдү. Ток этээрин айталы, улуттук тил маселесинин ордунан жылышына өздөрүн ошол эле улуттун өкүлүбүз деген кара чечекей «кандаштарыбыз» каратып туруп эле каршы чыгып, бут тосмойлору күчөгөндөн-күчөп, көпчүлүктүн жанын кашайтып бүттү. Алардай ичтен чыккан ийри жыландардын аттарын атабай ак койо туралы. Эне тилин чанган «эргулдарын» элибиз деле жатка билет.

Анысы ал болсун. Ал эми бүт дүйнө эли Эсепкерди (Компьютер) эбак эле өз тилдеринде өздөштүрүп, сүйлөтүп, жер шарынын кайсы гана жеринде болбосун, жүрбөсүн эч кимдин кабак-кашын карабай этпей эле каалагандай өздөрүнүн тиилдеринче жазып, жыргап калгандарын жакшынакай билебиз. Тагыраак айтканда элүүдөн ашык эл, алардын ичиндегилерден алыс чыкпай эле береги кошуналарыбыз Казактар, Өзбектер, Тажиктер жана Түркмөндөр өз тамгаларын Эсепкер жайгашка дүйнөлүк стандарт менен тээ качандыр эле орнотуп алышкан. Ал эми бизде азыр анын карааны да жок. Ал боюнча айтып-деп кайрылган аракетибизге «кайдагыны айтасыңар» деп кабагын карыш түйгөн «калк каймактары», чечип берели дегенди мындай кой, тим эле чекелери тырышып-бырышып безге сайган немедей так секирип качышат. Өткөн жыл бою кыргыз ӨҢҮ_жөнүндө какшай берип, барбаган, кирбеген, даттанбаган жерибиз деле калбады. Эң эле биринчи баштаганда жалпыбыздын «Эсепкерибиздин ээси» аталган атактуу «Майкрософтко», анын башкы билерманы Билл байкебиз Гейтске кайрылуу кат жолдоп, дээрлик кыргыз басылмаларынын бардыгына жарыялаганга үлгүрүп, аталган ишкананын «ишин ирээтке салып, бардыгын чечет» деген башкы деректирине багыштап катары менен үч ирет расмий кат жолдодук. «Кыроо» деп да коюшкан жок. Андан соң ошол атактуу ишканада иштөө мүмкүнчүлүгүн алган «акжолтой» мекендешибиз Акжолго да бир канча ирет кайрылдык. Эмнегедир Акжол инибиз дагы ар кандай аргументтерди айтуу менен гана чектелип, жылыш да, жыйынтык да жасаганга жарабады.

Айлабыз кетип, аргабыз түгөнгөндө акыйкаттык издеп КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) Турсунбек Акунга кайрылып көрүүнү туура деп таап, калдайган кайрылуу катыбызды көтөрүп алып Акун мырзанын алдына бир эмес беш ирет бардык. Адеп кабыл алганында Акун мырза кызылдай эле кыргыз экенин, мындай иш үчүн керек болсо кызматын кыйып жиберээрин да кыйытып, өлбөгөн жерде калаарын айтып, укмуш убада менен узаткан. Арадан аз өтпөй катыбыздын бир көчүрмөсүн Башбаканга, бир көчүрмөсүн КР Билим берүү жана илим министрлигине жолдогонун шардана кылган. Башбаканга кеткени ошол бойдон баш оту менен жоголду. Министрликтен министр орун басарынын «бээ десе төө» дегенге тете тетири кеткен «былжырак» түшүнүктөгү жообу келди менен бүткөн. А Акыйкатчыбыздын айткан убадасы айткан кабинетинен алыс чыкпай унутулду. Берген убадасын унутуп аягында Акун ажы акебиз ар кандай шылтоо айтымыш этип качып кутулду. «Барекелде» дегенден башка сөз таппай болгону үшкүрүп гана тим болгонбуз. Кыйкырып, чыңырган чындыгыбыздын кыскача таржымалы өткөн жылы мына ушундай аяктаган.

Биз ошентип чымын-куюн, ойго-тоого чуркап жүргөнүбүздө эл шайлаган депутаттарыбыздын кээ бирлери дагы алакан жайып отурушбаптыр. Тилибизге күйүп-бышып, олуттуу маселелерди көтөрүп чыгып, жыйынтыгында бир аз чеке жылытаар чекке жетип турганы да кубандырбай койбойт. Алардын арасынан кескин айырмаланган депутаттар Урмат Аманбаева менен Курмантай Абдиевдин улуттук тилге жасаган мамилеси мактоого татыйт. Ошол себептен аталган ушул маанилүү маселебизди урматтуу депутатыбыз Урмат айым Аманбаеванын атына багыштап, кабардар кылып, расмий кайрыла кетели дедик. Биздин, «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Кыргыз Көчү» тобунун дагы ак эткенден так этип көздөгөнү дагы Эне тилибиздин өркүндөп өсүшү аркылуу калыпка салынышы, топтун күн тартибине койгон эң негизги маселеси жана ушул баштаган маанилүү ишибизди аягына чыгаруу аракети бүгүн да кадимкидей күчүндө экенин өзгөчө баса белгилеп кетмекчибиз. Биз өзүбүз улут катары толук кандуу бутубузга туруп, жок болуп кетпей, улуу эл экенибизди тастыктай турган эң башкы ыйык куралыбыз бул Эне тилибиз экенинде шек жок. Тилибизден, дилибизден айрылганыбыз, ал улуттун жоголушу деген эле сөз. Сиз муну абдан жакшы билесиз урматтуу Урмат айым!.

Көтөрүлүп жаткан маселе эң эле көйгөйлүү, ары абдан орчундуу. Бүгүнкү күндөгү дүйнө жүзүн электрондук, Эсепкер байланыш чырмап, ар бир улуттун кызыгуусу артып, заманбап өнүгүү күчөп турганда, биз, кыргыздар мындай байланыштын маанилүү жагынан аксап, артта калганыбыз абдан өкүнүчтүү жана уят. Бул туура эмес, биздин оюбузча мындай мамиле бүтүндөй бир улуттун укугун тебелеп, түздөн-түз кемсинтүү деп эсептейбиз. Өлкөбүздө ар кандай жолдор менен өздөрү жасалма тергич жасап алышып, өз кызыкчылыктары үчүн сатып жүргөндөр дагы жок эмес. Бул болбогон нерсе, мындан эч убакта жыргатаар майнап чыкпайт, себеби андай тергичти мисалы, чет өлкөгө жиберүү дегеле мүмкүн эмес. Болбогон оокат. Андан да «атайын кыргыздар үчүн» деп тамгаларды туш келди топчуга такай берүү да жарабайт. Андай тергичтерди кыргыздар үчүн деп чыгаруунун өзү зор кыйынчылыктарды жаратат. Дүйнөгө кеңири тарап кетип жаткан ноутбук, нетбук дегендерге андай кыргыз тергичти чаптоого болбойт, мүмкүн эмес.  Азырынча бизге системалык негиздеги кирилл тергичтин бетине кыргызча Ө, Ң, Ү тамгаларыбызды орнотуп бериши керек, же “киргизская кириллица” дегенди биротоло алдырып салышыбыз керек. Эгер андай да болбосо кыргыздын Ө, Ң, Ү тамгалары ошол тергичтин стандарттуу бөлүгүндө турушу зарыл. Кыскасын айтканда Кыргыздын Ө, Ң, Ү тамгалары тикелей дүйнөлүк Стандарттагы тергичтин өзүндө турушу бүгүнкүнүн талап шартына ылайык. Мына ушундай болгондо гана жарашат жана ошондо гана дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун ар бир кыргыз кыргыз тамгаларын каалагандай, эч кыйналбастан терүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат деп эсептейбиз. Мындан сырткары биздин окумуштууларыбыздын  иштеп чыккан тергич жайгашы да бар, андай жайгаш дагы ашып эле кетсе Кыргызстандын ичинде гана пайдаланууга жарайт. Жыйынтыгында айтаарыбыз урматтуу Урмат айым, бүтүндөй коомчулукту ушул маселени көтөрүүгө чакырып, кыргыз ӨҢҮ_нүн дүйнөлүк стандартка жайгашуусуна жардамыңызды аябай, аягына чыгарып берүүгө бар күч, акылыңызды жумшайт деген ойдобуз.


Максатыбыз, «улут маселесин учур талапка жараша пайдаланып, өзүбүздү- өзүбүз сыйлап, дүйнө элдеринин катарынан калбай, өз Эне тилибиздин өсүп-өнүгүүсү үчүн жан үрөйлүк» деген ураандын тегерегинде бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарсак дейбиз!..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, «Кыргыз Көчү» тобу. Финляндия.

Dec 29

Үлгү..

Чак ФИНИ.


«МИЛЛИАРДСЫЗ МИЛЛИАРДЕР»..

Бул адам азыр 81 жашта. Атактуу “DUTY FREE” компаниясынын негиздөөчүсү Чак Фини ушул жаш курагына чейин 7,5 миллиард доллар табууга жетишти. Бирок самандай акчасы сапырылган бул «миллиардердин» астында айдаган менчик машинеси жок, эң арзан учактар менен учат, дайыма жашаган үйү батир. Чак Фининин колунда тагынып жүргөн саатынын баасы болгону 15 гана «бакс» турат. Кычырап кийинбейт, көйнөгү да анча аша чаппайт, жөнөкөй жана арзан. Ал эми өзү туулуп өскөн тарыхый мекени Ирландияда Чакты кадимки жөнөкөй турист катары кабыл алышат экен. Тамактанганда ар дайым «зкускалык» чакан күркөлөрдөн, порттордогу майда соода сатык дүкөн, ашканаларга кирет. Ресторан, кафе дегенге дегеле басып барбайт, жумуштарынын көбүн метрого жана такси ккызматы менен пайдаланып бүтүргөндү жактырат.

Финини мындай жүрүш-турушу менен жеткен сараң, бир тыйынга зар, чык татырбас Чынарбай дешиңер мүмкүн. Бирок андай эмес. Акыркы отуз жыл ичинде Чак жалаң кайрымдуулук катары «чачкан» каражаты 6 миллиард доллардан ашып кеткен. Бул самандай сапырылган каражат АКШ нын, Вьетнамдын, Австралиянын, Түштүк Африканын, Ирландиянын жана Бермуд аралындагы өлкөлөрдүн билим берүү тармактарына, ден-соолук мекемелерине, илимий чөйрөлөрүнө жумшалат. Эң негизгиси ушул өлкөлөрдөгү кары-картаңдарды кармаган атайын үй, мекемелерге катуу кайрымдуулук кылат. Ал кишинин ушу менен эле токтоп калуу ниети да жок, бүгүнкү күндө болжолдуу айткан долбоору боюнча 2016-жылга чейин тапкан жана калган каражаттарынын баарын дал ушундай эле кайрымдуулук ишин улантып, жардамга муктаждардан жарым центин да аябасын ачык билдирген.

Чак Фининин андан сырткары мындай «өнөрүн» дагы айта кетүү керек. Акчасы «саман» бул «богачты» байлык гана эмес атак-даңк деген нерсе да эч кызыктырбайт. Миллиарддарын таратып жатып ал андай иштерин ар дайым жашыруун жана жабык болушун каалап келген. Ачыка чыгарууну каалабаган, ошондуктан алгачкы 15 жылда анын мындай берешен кайрымдуулугу туурасында эч ким билген да, ойлогон да эмес.

Кийин ачыка чыгып, дүң түшүп айтыла баштаганда кадимкидей капаланганы бар. Ушундай учурлардан соң Фини өзүн бардык каалоочулардан алыс кармаганды салтка айлантып алган. Маселен, белгилүү болгону, азыркыга, 2012-жылга чейин берген маеги бештен ашпайт.

Чак Фини – укмуштай керемет адам. Бизнести дээрлик жок нерседен баштап, аз гана жыл аралыгында 200 кызматкери менен 27 өлкөгө компаниясын үзүрлүү иштетүүгө үлгүрүп, зор ийгиликтерге жетише алган. Тапкан каражаты кескин жогорулап, кирешеси өтө тездик менен өсүп баштаган, бирок ошол эле замат ал кирешенин теңинен көбү «The Atlantic Philanthropies» аттуу кайрымдуулук фондуна тынымсыз которулуп турган.

«Мен толук ишенем, кимдир бирөөгө берген акчаңдын пайдалуу жака кетип жатканын көрүп башкага караганда ушундай чексиз канаатануу аласың. Ошол нерсенин артынан абдан керектүү жайлар пайда болот экен, мисалы, заңгыраган Бейтапкана. Мунун өзү канндай мыкты жумуш, тапкан акчаңды катып, банкка кармап, чогулткандан көрөкчө пайпдасы зор ишке жумшоо миң эсе пайдалуу» деген маалыматты жактырат Чак ФИНИ.

Билл Гейтс Чакты «адамдагы укмуштай бийик сапат, жакшылык кылуунун эң бийик үлгүсү, бул адам тирүүлүктө деле жакшынакай ишти ченемсиз өлчөмдө жасап койсо болоорун далилдеп салды» деген чындыгын ачык жар салып айтканы бар..

Фатима МАХМАДОВА, Малазия.

Dec 14

Күмүш сырга..

Далай-ЛАМА. Тибеттердин Улук-Бакшысы.

*******************************************************
40 ЖЫЛДАН СОҢ, ЖЕ ЖАШООНУН ЖАҢЫ БОРМУЛАСЫ.

Бир жолу Далай-Ламадан “Сизди эң көбүрөөк бушайман кылган эмне?” деп сурашканда ага ал мындай жооп бериптир:

– Адам баласы! Алгач ал көбүрөөк акча табыш үчүн болгон ден-соолугунан ажырайт. Анан ал ошол акчасын кайра эле ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн жумшайт. Ошол эле учурда ал байкуш өзүнүн келечеги үчүн ушунчалык тынчсызданат экен, ушунчалыгы ушу, учурдагы жашоосуна эч бир алымсынып койбойт десең. Эң кызыгы, эч качан өлбөчүүдөй жашайт, а өлүп баратканда “өмүрүм текке кетти” деп өрөпкүп, өкүнгөнүн айт. Биз, ар кимибиз өсөбүз, жашарабыз жана карыйбыз – бул боло турган, табигый көрүнүш. Убакыт учкан куштай зымырап, секунд артынан секунд кетип, эч качан токтобойт. Анын арышын кыскартып, токтотуу эч кимдин колунан да келбейт, күчү да жетпейт. А бирок акыл калчап үйрөнүү, аны аздектеп пайдаланып калуу албетте ар бирибиздин өз колубузда. Кандайдыр бир духовный каада салтты карманабызбы же жокпу, кандай болгон күндө да ар бир мүнөттү пайдалуу ишке жумшоо зарыл. Эгер биз бир күндү, жуманы, айды, жылды аздектеп, акылдуулук менен пайдаланууга үйрөнүп, жетише алсак, ошондо гана акыркы күн келгенде, ага узаарда, аны армансыз, эч өкүнбөй тособуз, ошондо гана өзүбүздү өтө бактылуу сезебиз.

Даярдаган Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  Келсинки шаары.

Nov 29

“Залкар ойлор”

Омар ХАЯМ. Көрүнүктүү Перс акыны, математик, астроном, астролог, философ.

 

 

“МЕН АЛДЫМА ИЛИМДИН БАРДЫК ТАРМАГЫН БИЛҮҮ МАКСАТЫН КОЙГОМ. БИЛБЕГЕН НЕРСЕМ АЗ ГАНА КАЛГАН. БИРОК БИЛГЕНДЕРИМДИ СЫН КӨЗ МЕНЕН КАРАП КӨРСӨМ, ӨМҮРҮМДҮН КӨПЧҮЛҮГҮ БЕКЕР ӨТҮП, ЭЧ НЕРСЕНИ БИЛБЕЙ КАЛЫПТЫРМЫН!”..

Nov 29

«Болсоң ушундай бол!»

******************************************************************************************************************

Уругвай өлкөсүнүн Президенти, 77 жаштагы Хосе МУХИКУ.

КЕҢ ДҮЙНӨ ЖАНА ЭҢ
КЕДЕЙ ПРЕЗИДЕНТ.

Түштүк Америкадагы Уругвай өлкөсүнүн президенти Хосе Мухикуну жердештери «эң кедей президент», «el presidente mas pobre» деп аташат. Алардын айткандарындай эле бар экен. 77 жаш курактагы Мухика дээрлик өзүнүн президенттик айлыгын соопчулук үчүн ай сайын элине таркатып берет. Ушундай кадамы аны дүйнөдөгү эң кедей президент, же болбосо эң эле ашкере берешен өлкө башчысы катары таанылтып келет. Ал киши ай сайын колуна ала турган 12500 долларынын болгону 1250 долларын гана өзүлөрүнүн жашоосу үчүн алып калат. «Менин күнүмдүк жашоом үчүн ушул акча сопсонун эле жетет, анткени уругвайдагы жашаган элдин басымдуу көпчүлүгүнүн кирешеси дээрлик мындан дагы аз» дейт берешен президент Мухика. Мухиканын аялы дагы сенатор (депутат), ал дагы алган айлыгынын көпчүлүк бөлүгүн кайрымдуулук үчүн таркатып бергенден тажабайт. Эң кызыгы президент менен сенатор жубайлар Монтевидодогу чакан фермада жөпжөнөкөй эле үйдө жашашат. Бул даражалуу адамдын ушул кызматка келгенден берки сатып алган эң чоң баалуу оокаты 1945 долларлык «Фольксваген Жук» маркасындагы авто унаа экен. Бул адамдардын банкка салынган бир да центи жок, жана эч бир карызы, аласа-бересеси да жок. Биз билгенден башка өлкө башчылардын жок эле дегенинде экиден резиденциясы, атайын эс алып, чартаңбай тебе турган сансыз жайлары, айлыктан тышкары күргүштөп акча агызып кирип турган бизнестери бар. Бирок ага да болушпай эле ар жагынан да, бер жагынан да улуп-жулуп алгандан эч тажашпайт да, эч коркушпайт. Эр эл багаарлардын баары эле биз жака топтолуп алышкан десеңер, тааңгөрүнүкү!..

Салыштыруу үчүн үч президенттин алган айлыгын мисал тарта кетели.
Виктор Янукович, Украинанын Президенти – $ 9646 доллар.
Владимир Путин, Орусиянын Президенти – $ 9543 доллар.
Барак Обама, АКШнын Президенти – $ 33333 доллар алышат экен.
Ал эми биздин Президентибиз А. Атамбаев канча сом алаарын ким билет?.

Которгогн Асыран АЙДАРАЛИЕВ. журналист, Финляндия.