Jun 23

«БЕЙНЕ»


******************************************************************************************************************
ООНДУН БИЙИК ДАРАЖАСЫН БАГЫНТКАН ОТУНБАЕВА.

«Суу жай гана агат, а эгер кааласа баарын талкалап кетет. Аялдын күчү сууга тете – жумшак, бирок өтө кубаттуу!.»
(Брюс ЛИ)

*********************************************************
Роза Исаковна ОТУНБАЕВА:
Кыргыз Республикасынын экс-президенти, Бириккен Улуттар Уйумунун (ООН) жогорку деңгээлдеги Кеңешчилер комиссиясынын мүчөсү. Учурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» аттуу Эл аралык коомдук фондду жетектейт.

Сыйлыктары: «Датка Айым» жана «Каармандык» медалдарынын ээси.

*********************************************************

БАШ СӨЗ ОРДУНА.

Тагдыр менин тайгүлүк ташымды олку-солку, опурталдуу бир учурларда ойдо жок жерден катуу жектеп, кодулап, чет жакты көздөй сүрүп, аргасыз өз өлкөмдү тыштап кетүүгө мажбур болгон элем. Сай сөөгүм сыздап, кыйналып, кыйын учурларды башыман өткөрүп жүргөндө толгон өлкөлөрдүн ичинен «тагдыр ташым» Финдердин өлкөсүнө ооп, оомок турсун ошол «тагдыр ташым» ушул керемет өлкөгө «топ этип» кулап түшүп, минтип финдердин арасында камыр-жумур жашап калганыма учурда туура сегиз жылдын жүзү болуптур. Көп нерселерин өз көзүм менен көрдүм, уктум, ал гана эмес колум менен кармап «ушалап» да жүрөм. Эмне дейт элем, эң башкысы эли-жерин сүйгөн башчылары, эрки, акыл-эси, ийининде башы бар эли ушинтип эле өздөрү үчүн бардар жашоо орнотуп алышат экен. Коркпой-үркпөй эле кадимки жомоктогудай жашоону өз күч аракеттери менен куруп, урушуп-талашпай эле умтулуп жетип алса болооруна кадимкидей ишенип, көзүм жетип, каныгып калган кезим. Кызыгы, ушул убакка чейин бул өлкөдө кыргыздар жок деп жүрсөм бар экен, ал эмес көп экен. Курулуш тармагында эмгектенип жүрүшкөн бир топ кыргыз балдар менен аз күн эле мурун жолугуп тааныштым. Ал эми мындан 5 жыл илгери Лондон Олимпиядасына кыргыз балбандарынын талапкерлигин тандаш үчүн Келсинки шаарына келишкен спортчулар, алардын машыктыруучулары жана ошол кездеги ИИМ министиринин орун басары Мелис ТУРГАНБАЕВ, Экономика министиринин ошол кездеги орун басары Арзыбек КОЖОШЕВ менен жолугуп, баарлашкан элем. Андан кийин айтылуу Омбудсмен Турсунбек АКУН келип, алдынала сүйлөшүп, кеңешип-таңашып алганыбыз менен ага жолуга албай калгам. Ал өзү, «мен барганда мага чал, жолугалы» деген, бирок эмнегедир чалсам телефонун алган эмес. Кийин сураганымда «көптөгөн жолугушуу, иш-чаралардан кол бошобой, убакыт жок, сага жолуга албадым» деп түшүндүргөн, билбейм, балким чындыгы бардыр. Анан эле бир күнү ушул мен жашаган өлкөгө капыстан эле кадимки Роза Отунбаева келип калаарын, «Асыран, мен азыр баланча деген жердемин, баланча убакта бошоп калам, шарт-мүмкүнчүлүгүң болсо келип жолугуп кет» деп чакырып калат деп ким ойлоптур? Чынында андай ой үч уктасам түшүмө деле кирмек эмес. Анакей, түш-мүшү жок эле аз күн мурун дал ошондой окуйа өңүмдө болду. 19-июнда Финдердин өлкөсүнүн борбору Келсинки шаарында сыймыктуу эжекебиз, айтылуу экс-президентибиз Роза Исаковна ОТУНБАЕВА менен экинчи ирет капилет жолуктум.

                                                             АЛГАЧКЫ ЖОЛУГУШУУ.

2006-жылдын күз айлары болсо керек. Андагы Бакиевдин бийлиги анча күчүнө кире албай, олку-солку абалга туш болуп, улам бир жактан нааразычылык митингдер күчөп, жыйынтыгында ошол кездеги оппозиция масштабдуу бир чоң митинг өткөрүшкөн. Ал митинг «Реформа кыймылы үчүн» деп аталса керек эле. Кыскасы кырдаал катуу курчуп, чыңалып, митингчилердин саны көбөйүп, талаптар улам күчүнө кирип, Бакиев бийлигинин шаштысын кетирип жаткан. Ошондо ыраматылык Мелис Эшимканов менен Өмүрбек Текебаев мага бир «срочный» тапшырма беришти. «Элге кыска-нуска, ток этээр жерин айткан кайрылуу жазыш керек, эртең менен даяр болсун» дешти. Өмүке кошумчалады, «орусчасын да кошуп даярдаш керек, антпесе болбойт» деп. Ошол эле жерде Роза Исаковна дагы жүргөн экен, Өмүкелер эжеге кайрылып, жазылган тексти жакшылап орусчага которуп беришин суранышты эле, Роза эже дароо эле макул болду. Ошону менен ошол күнү мен Роза Исаковна менен таанышып, чогуу эженин үйүнө келип, үйүнөн мен кыргызча кайрылуу текст жазып, эже аны дароо эле орусчага которуп салган. Эртеси атайын дискке жаздырып, эртең менен эрте «Агым» гезитинин редакциясына алып келип оппозициячыл саясатчылардын колдоруна эже өзү тапшырып берген. Өшөнтүп Роза Исаковна менен тээ илгери, мындан 12 жыл мурун капыл-тапыл жолугуп, жакындан таанышып калгам..

КЕРЕМЕТ ШААР КЕЛСИНКИ.

Келсинкинин чок ортосунда жалаң элчиликтин имараттары жайгашкан аймакта «Haven» аттуу мейманкана бар. Роза Исаковна бир күн мурун ошол мейманканага келип жайгашыптыр. Бул жакка келген себеби, Бириккен Улуттар Уйумунун жогорку деңгээлдеги Кеңешчилер комиссиясынын ондон ашык мүчөсү баш болуп, анын ичинде аталган абройлуу Эл аралык уйумдун баш катчысы Антониу ГУТЕРРЕШ төш болуп, БУУнун (ООН) Баш-катчылыгынын консультативдик кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүш үчүн чогулушуптур. Ал күнү ушул өлкөнүн экс-президенти Тарья

БУУнун Баш-катчысы Антониу Гутерреш.

Фин өлкөсүнүн экс-президенти Тарья ХАЛОНЕН.

ХАЛОНЕН айым (бул айым дагы аталган уйумдун ардактуу мүчөсү) БУУнун жогорку даражалуу кеңешинин атайын чогулушка келген сыйлуу мүчөлөрүн кечки тамактанууга жана кораблге түшүп сейилдеп келүүгө чакырган экен. Эже ал жактан кечки саат 22-00 дөрдө келээрин эскерткен. Мен эже айткан убакта дал ошол жерде болуп калдым. Айтканындай эле так ошол убакытта сырттан бакылдап-шакылдаган бир топ чет элдиктер мейманканага топурап кирип келишти.

Ойлоп койгом, эженин жанында жансакчысы, же жандап, коштоп жүргөн 2-3 адамы болбосо да жардамчы бирөө-жарымы болсо керек деп. Жаңылыпмын, жап-жалгыз, өзү эле келиптир. Ойумду шарт жыйыштыра салып, ордумдан секирип турдум да, алардын арасынан ар дайым «ачкиси» менен алыстан таанылган, татынакай Роза эжекемди илгиртпей эле таанып, алдын тосо утурлай бастым. «Чын элеби, же жокпу» дегендей ишенип-ишенбей барып эже менен кол алышып жылуу маанайда учураштык. Чынымды айтайын, өзүмчө бир аз толкунданып, сүрдөп да кеттим. А Роза Исаковна кадимкисиндей, жөнөкөй жана жайдары, таңгала күлүмсүрөп, мага, «Асыран, сен кайдан, слушай, бул жакка кантип, качан келип калгансың, эмне кылып жүрөсүң?» – дегендей бир катар суроолорду узатканга да үлгүрдү. Андан соң эже, «жүр эми, эшикке чыгып, ээн-эркин басып, кобурашып келели» деген сунушун айтып, экөөбүз ээрчише басып сыртка чыктык. Тунжурап, ашкере тынчтык өкүм сүргөн (Учурда Фин жергесинде буурул түн (белый ночь) өкүм сүрүп турган чак) түнкү керемет Келсинки шаарынын бир топ жерлерин кыдырып басып жүрдүк. Аркы-беркиден, өткөн-кеткенден, саясаттан, жөн-жай турмуштан болушунча кеп салып божурашып отуруп кайсы маалда кайра мейманканага келип калганыбызды байкабай деле калыптырбыз.

Ошол, ошентип мейманкананын биринчи кабатына киргенибизде Роза Исаковна, «мен эс алайын, эртең менен эрте кетем, олуттуу жолугушууларыбыз бар, эми сен алыста жүрөсүң, аман бол, Асыран» деди да колун сунуп, жылмайып, мени менен жылуу коштошуп өзү жайгашкан бөлмөсүн көздөй беттеп, жайбаракат тепкич менен өйдө көтөрүлүп чыгып кетти. Мына кызык, Роза Исаковна кирип кеткен соң менин жан дүйнөмдөгү уйгу-туйгу ой-чабытым ойгонуп, толгонууларым ошондон кийин башталды. Оозумду ачып, далдырап, эмнегедир дендароо болгон немече шаардын кооз, кызыктуу жерлерин кыдырып жүрүп эжени урунттуу жерлерден жакшылап эстелик үчүн сүрөткө деле тартып албаптырмын. Же, жок дегенде бир жерден тамактанчуу жайга киргизип, шашпай отургузуп, сыйлап, даам сыздырганга да жарабай, таптакыр эле эсиме жара чыгып, эңгиреп калганыма таң калып, бармагымды тиштедим. Андан да түштөн кийин, кыйратып салгансып эжени узатып койуп, кайтып, электричкада келе жатып, ка-ап, антсем болмок экен, ка-ап, минтсем болмок экен деп койом. Кээде мээң ордунда болбой, иштебей, «катып» калса ошол экен да. «Көсөөнүн акылы түштөн кийин» деген чын окшойт, ошентип накта «көсөөлүк» кылык-жоругума азыр да өкүнүп, туталанып жүрөм..

ОТУНБАЕВА ДЕГЕН КИМ?

Роза ОТУНБАЕВА. Мен билгенден Роза Исаковна эң эле жөнөкөй, катардагы, кадимки эле кыргыздын карапайым айымдарынын бири. Эң башкысы Эне, Эже, андан кийин анан мыкты, кесипкөй дипломат, коомдук-саясый ишмер, эгемен Кыргыз Өлкөсүнүн экс-президенти десек куп жарашат. Роза Исаковнанын саясый карьерасы алгач тээ Акаев бийликке келген жылдары башталганы айкын. Дал ошол жылдардан баштап жалаң дипломатиялык жогорку кызматтарды аркалап, мен-мен деген, ай-асманды чапчыган атактуу, аттуу-баштуу өлкөлөрдө далай жылдары элчилик кызматтарды жетектеп жүрдү. Өз өлкөбүздө бир эмес үч жолу Тышкы Иштер Министирлигин жетектегенин андан да жакшы билебиз. Демек, Роза Отунбаева дипломатиялык кызматты дыкат алып кете алган, тышкы саясатты, алака байланышты чемичкедей чаккан, алаканга жайа салгандай өздөштүргөн, өтө билимдүү, бирден-бир иш билги кадр экенинен шек саноо мүмкүн эмес болчу. Башка кеп, биздин өлкөбүздү башкарам, эл башы болом деп бийликке келген «эргулдарыбыздын» эң башкы оркойгон кемчилиги, өнөрү эле ушул болуп калганы өтө өкүнүчтүү. Эптеп эле эки чылбыр, бир тизгин колуна тийип, көчүгүн майталкан менен «мамык креслого» жакшылап бекитип, отуруп алган соң, ишти билген, жөндөмдүү, тажрыйбалуу, мекенчил, кесипкөй чыгаан уул-кыздарыбызды кодулап, аларга ар кандай жалааларды жабуу менен шугулданып, куугунтуктап, эч бир себепсиз кызматтан алып, анан эле өздөрүнө жакын, ыңгайлуу, айткан-дегендерин дароо аткарып, ошонун гана оозун тиктеп иш кылып, элдир-селдир эт менен челдин ортосунда жүргөн бир «байкуштарды» тегерегине топтоп алышат. Роза Исаковна дагы ошондой «куугунтук-кодулоолордун» кордугун далай көрдү. Бирок башкаларчылап, кызматтан кол жууган күндүн эртеси бакырып чыгып, кечээки өзү кызмат кылып жүргөн бийликти ур-тепкиге алып, байма-бай сындап, бакылдап чыккан учурларын дегеле көргөн жокмун. Ошентсе да Отунбаева кайда гана болбосун, кандай гана кызмат өтөп, аркалабасын бар-жогу эч билинбей эле эл-журту, мекени үчүн опол тоодой кызматын алынын жетишинче, колунан келишинче унчукпай-этпей эле үзүрлүү аткарып келди. Ыңгайы келип калды окшойт, учурдан пайдаланып ушул мисалды да кыстара кетейин. Эгерим мамкызматчыларды жактырып, аткаминээрлерди өмүрү мактап-жактап көрбөгөн айтылуу аналитик журналист агам, ыраматылык Алыке (Алым ТОКТОМУШЕВ) Роза Исаковнаны мактап, түшүнүктүү, адамкерчиликтүү, бийик маданияттуу айал экен деп баалаган. Себеби, ТИМди жетектеп турганында Кытайга иш сапар менен чогуу барганын, министир катары чет элдик кесиптештери менен абдан жеңил, оңой, ийкемдүү тил табышып, таасирдүү жана так иш алып барганын, англис тилде эркин сүйлөгөнүн эргүү менен айтып калчу. Ал жактан кайра кайтканда Алыкени Үрүмчү шаарына калтырып, «2-3 күн шашпай эс алып, жакшылап шаарды кыдырып, кең-кесир таанышып анан келиңиз» деп, ошол жакта иштеген дипломат балдарга табыштап, атайын тыштап келгенин, кийин Кытайдан кайтып келгенинде жетиналбай, сүйүнүп, абдан ыраазы болуп, айтаарга сөз таппай мактанып жүрдү го, кайран Алыкем. Роза Исаковнадагы мындай жогорку сапатты, жөнөкөйлүктү жана саясый маданияттуулукту, анын алды-артын аңдап түшүнө билген бекем эркинде жана сабырдуулугунда, көп нерсени алдын-ала көрө билгенинде десем мен эч жаңылышпайм.

ӨЛКӨ ЖАНА ӨТКӨӨЛ МЕЗГИЛ.

Бакиевдер бийликти толук өздөрүнө менчиктеп алгысы келип, чектен чыгып кеткенине бүтүндөй коомчулук нааразы болуп, ичинен жарылайын деп эле араң турган учур болгон. Мындай нааразычылык 2009-жылы чыңала баштап, акырындык менен күчөп отуруп акыркы «апогейине» 2010-жылдын 7-апрелине келип, «тарс» жарылды. 100 гө жакын бейкүнөө жарандарыбыз шейит кетти. Анткен менен алар элинин эркиндиги үчүн жандарын берип, баатырларча курман болушту. Башкысы, башкесер Бакиевдер бийликтен кол жууп, куйруктарын түйүп, жоопкерчиликтен качып кутулушту. Ошондой кыйын кырдаалда, кыйчалыш мезгилде, өлкөнүн тагдыры жардын кырына кептелип, ал эмес салаңдап калган маалда дал ушул Роза Отунбаева эжекебиз бүтүндөй жоопкерчиликти өз мойнуна алып, баарын көтөрүп, эл-журтун ар түрдүү болуп кете турган алаамат-коогалаңдан сактап, кырдаалдан кыл сууругандай кыйгап өткөрүп кеткенин таныш кыйын. Албетте, айрымдар мойундабай, так секирип, жебенин огун башка тарапка буруп, танганы менен карт тарых эженин мындай чечкиндүү, таасирдүү жана эрктүү кадамдарын эч качан танбайт жана татынакай таасын, адилет баасын берет. Жашырганда эмне, менмин деп өз көкүрөгүн жара муштап бакылдап жүргөн эркекетана сайасатчыларыбыз саймедиреп сайраганы менен ошол учурда баштарын коңулга катып, жоопкерчиликти мойундагысы келгенден кадимкидей коркушкан. Аны көк жал Текебаев кийин ачык эле айтып, өзү жар салган жайы бар. Өлкөнү болгону бир жарым жыл башкарып, ошол кыска мөөнөттө олку-солку абалда турган өлкөбүздү акырындык менен жай турмушка кайтарып, аздап болсо да абройун көтөрүүгө жетишип, айтылган мөөнөттө бийликти татынакай тапшырып берип, башын бийик көтөрүп басып кеткен. Эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу мыйзамдуу жол менен бийликти өткөрүп берүүнүн жолун көргөзүп, кийинкилерге үлгү боло тургандай жол ачып кеткен дагы дал ушул Роза ОТУНБАЕВА болду.

«Эл оозунда элек жок» – дешет. Жакшысы да, жаманы да эл ичинде. Албетте, элдин баарына бирдей жагыш кыйын. Бирөө билип сүйлөсө, кай бирөөлөр билбей эле божомолдоп урдура берет эмеспи. Ушак деген немени тыйганга эч кимдин кудурети жетпейт. Айтыла берет. Бу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Роза Отунбаеваны жөнү жок жөөлөп, опурулуп сындап, далил-фактысы жок эле далай ушак-айыңды оңду-сол таратып, чайырдай чаптагандар да чени жок четтен табылып турду. «Ал жактан килтейген хан сарай алып ийиптир, бул жактан минтип ийиптир, андан да тили буруу бирөөгө «тийиптир», анан антип-минтип «ийиптирлер» менен гана чектелишип, тил безеп сайрагандардын саны канча калыңдаганы менен «кылдысы» менен «болдусу», болбогон божомолдору суу кечпеди. Өзгөлөр ишенмек турсун «өрдөкчүлөр» учурган «өрдөктөрүнө» өздөрү да ишенип-ишенээрин билбей жүрүшүп, арсыз, аңыз имиш кеп-сөздөр акыры барып аргасыздан тынчыды. А Роза Отунбаева ал окшогондорго теңелип, обу жок теригип, андайларга убакыт-саатын кетирип отурган жок, алардын деңгээлине түшкөндөн ат чабым алыс болду. Өз жоопкерчилигин өзгөчө сезе билген жетекчи катары өлкөсүнүн өнүгүп-өсүшүн камсыздап, милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, ажолук кызматта аз жыл иштесе да майын чыгара саз иштеп өткөрүп берди. Эми анын баарына баа бере турган калың журту, калайык калкы жана тараза ташын салмактачу эртеңки карт тарых.

Финляндиянын борбору Келсинки шаарында өткөн БУУнун (ООН) консультативдик Кеңешинин жыйынында Кеңештин ардактуу мүчөсү Роза ОТУНБАЕВАНЫН сүйлөгөн сөзү..

КОРУТУНДУ СӨЗ.

Арийне, «атактуунун атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» демекчи, ток этээр жерин айтайын. Aшкере мактап-жактайбызбы, жаалап, аша чаап сындап кара көө чаптайбызбы, эмне гана дебейли, эгемен Кыргыз тарыхындагы Отунбаева эжекебиздин орду, баскан жолу өзгөчө. Аты-жөнү, эли-жери үчүн жасаган эмгеги тарых тактасынын эң бийик текчесинен жай алып, илинип тураарында эч кандай шек жок. Көрсө, улуу адамдар ушундай эле жөп-жөнөкөй болот тура, асмандап, айды чапчып сүйлөбөй эле жер менен басат тура. Эл менен элче, карапайым менен крапайымча сүйлөшүп, коркпой-үркпөй эле каалаган адамы менен каалаган убагында, кайсы жерде, кайсы өлкөдө болбосун жүз көрүшүп, кол алышып, ал-жай сурашып, ой-пикир бөлүшүп, кадимкисиндей эле күлүп-жайнап, жансакчысы, кароолчу-пароолчусу жок эле, эл арасында ээн-эркин басып, кенен-чонон дем алып, жайбаракат жай турмушун өткөрүп, ишмердүүлүгүн улантып, кыбырап болсо да кыргызы үчүн опол тоодой кызматын кылып жүрө берет тура. Мына, көргүлө, мындан өткөн сый-урмат, бийик даража кайда? Ошол бийик даража менен даанышмандыкты, улуулукту, ашкере жөнөкөйлүк менен адамдык сапаттын үлгүсүн дал ушул айымдан, эжекебизден, экс-ажобуз Роза Исаковна ОТУНБАЕВАДАН өткөн аптада өзү менен жолукканымда өзүмдүн көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп, жон терим менен сезип, кадимкидей туйдум. Дагы далай сөздөрдү айтсам болот эле, антпедим, баянымды ушул жерден кыскартып, токтотойун деп чечтим. Сөзүмдүн соңун, аңгемемдин айагын «калк айтса калп айтпайт» менен жыйынтыктап, көкүрөктү көзөп кете тургандай, акылмандык менен айтылып жүргөн «Эл менен болсоң бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» деген накыл кеп менен бүтүргүм келди..

P.S. (Келсинки шаарында Роза Исаковна менен болгoн жолугушуумду аз мурун болсо да камсыздап, алдынала маалымат жиберип, байланышууга шарт түзүп беришкен мекендешим Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА айым менен Эл аралык «Роза ОТУНБАЕВАНЫН демилгеси» коомдук фондунун аткаруучу деректири Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА айымга терең ыраазычылык билдирем).

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финдердин өлкөсүндө жашаган эркин журналист,
публицист. Келсинки шаары. 23-июнь, 2018-жыл.

Sep 02

Кылым сот – кыргыз сериал.


Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «ХУНТАНЫН» ӨЗҮНЧӨ БИР КЫРГЫЗЧА ВАРИАНТЫ ТҮЗҮЛДҮ.

(16-августта сотто сүйлөгөн сөзү)

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ.

Сөзүм түшүнүктүү болсун үчүн тарыхый фактыларды жана окуяларды келтирүүгө туура келет. Алардын баарынын ишке тиешеси бар. Айтып-айтып туруп, кийин, жыйынтык чыгарганда анын кандай байланышы бар экенин тактайм, ошон үчүн мени чыдап угуп турсаӊыздар, ишке тиешеси жок нерсени таптакыр айтпайм.

Биринчи. Мен Дүйшөн Чотонов жөнүндө бир-эки сөз айтып койгум келет. Ал 1991-жылы студент кезинде саясатка, «Ата-Мекен» партиясына, мага келип кошулган, 22 жашта болсо керек эле. Үй-бүлөлүк авторитардык системага каршы күрөшүп жүрүп, 2000-жылы Жогорку Кеӊешке депутат болду. 2005-жылы Акаевдин үй-бүлөлүк режимине каршы эл көтөрүлгөндө Ошто Дүйшөн Чотонов, Жалал-Абадда Бектур Асанов элди жетектеп чыгышты.

Өмүрбек Текебаев сотто © Азаттык

Өмүрбек Текебаев сотто © Азаттык.

Эгерде Дүйшөн менен Бектур болбогондо, 2005-жылкы «Тюльпан революциясы» деп аталып жүргөн 24-марттагы окуя болмок эмес. Андан кийин 2005-жылы Дүйшөндү Ош областына губернатор болуп кал деп айткандарга карабастан, ал Бишкекке келген, конституциялык реформа жүргүзөбүз деп. Тилекке каршы, Бакиев элди жана оппозициядагы жолдошторун алдап кетип, 2006-2007-жылдары конституциялык реформа боюнча Бишкекте чоӊ элдик кыймыл башталган.

Ошол кыймылдын жетекчилеринин бири Дүйшөн эле. 2010-жылы «Апрель революциясы» болду. Ага дагы Дүйшөн Чотоновдун чоӊ салымы зор. Ош областында оппозициялык «Бириккен элдик кыймылдын» координатору болгон. 2010-жылы да Ошко губернатор болбойсуӊбу дегенде, СДПКчы байкем Сооронбай Жээнбековдон талашсам уят болот го деп, Бишкекке жөн эле басып кете берген. Мен бул адамдын кадамдарын бекеринен айткан жокмун. Адамды куру сөз менен эмес, тиги же бул тарыхый экстремалдык учурда кылган иштери жана жасаган тандоосуна жараша баа берет.

Мындай чоӊ маанилүү тарыхый окуяларды башынан өткөргөн Кыргызстанда ушундай бир топ эле адам бар. 2010-жылкы революция Талас жергесинен башталды. Аны Болот Шер, Шералы Абдылдаев, Койсун Курманалиевалар жетектеди, сот жараяны убагында биз муну бир нече жолу айттык. Эгерде Болот Шер болбогондо, таластыктар 6-апрелде көтөрүлүп, бүткүл кыргызстандыктарды шердентип, дем бербегенде, 7-апрелде Бишкек да көтөрүлмөк эмес.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкүл Чотонов сотто, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкүл Чотонов сотто, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Мен ушуну баса белгилеп койгум келет. Дүйшөн жөнүндө айтып аткандан кийин, тарыхый хронологияны бузуп-аттап, 2010-жылдын аягындагы эки окуяны айтып бергим келет. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо революциячыл партиялар, «Ата Мекен» менен СДПК утулуп, азчылыкта калдык. Бакиевдер менен иштеп жүргөндөрдөн түзүлгөн үч партия «Республика», «Ата-Журт», «Ар-Намыс» партиялары көпчүлүктү түздү.

Шайлоодон кийин мен, бир-эки жаш болсо да кичүүмүн, Алмаз Атамбаевге эмне кылабыз деп барсам, ал айтты: «Мен «Ата-Мекен» менен коалиция түзбөйм» — деп, «Макул, анда», — деп мен келе бердим. Кийин биздин «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрүн чакырып, Атамбаев коалиция түзсөк деп шарт коюптур, шарт эмес, ультиматум коюптур: «Текебаев төрагалыктан кетет, мандатын таштайт, саясаттан кетет, ошондо силер менен коалиция түзөм» – деп.
Эми, 20 жылдан ашык саясатта жүрүп, мамлекеттик кызматка кирбей, көчөдө күрөшүп жүргөн балдардын алды министр болуп, арты жөнөкөй адис болуп, эми иштеп, өлкөбүзгө керегибизди тийгизебиз дегенде аларды тандоо алдына койду: «Лидериӊерди жоготкула, болбосо аны менен кошо баарыӊар көчөгө кетесиӊер» – деп.

Сот учурунда, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс

Сот учурунда, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Мен ошондо – бул өзүм үчүн эмес эле, Дүйшөн, Алмамбет (Алмамбет да министр эле), андан ылдыйыраак кызматта иштеген партиялаштардын баарын чакырып, айттым: «Туугандар, биз СДПК менен бир тууган партиябыз, революциячыл партиябыз, бирок Атамбаев ушундай шарт коюп атат. Эмне дейсиӊер? Силер кандай чечим чыгарсаӊар, мен ошого макул болом», – дедим.
Биринчи Дүйшөн кол көтөрдү залдан: «Биздин лидерибизге мындай мамиле кылганы менен биз «мириться» эте албайбыз, чыдабайбыз мындай мамилеге, биз 20 жылдан ашык оппозиция болуп көчөдө жүргөнбүз, дагы деле көчөдө жүрө беребиз, мага министрлик кызматтын кереги жок», – деди. Эгер унчукпай отурса, залда отурган региондон келген, аким болуп калган, замаким болуп калган, замгубернатор болгон адамдар бар эле, баары көптөп: «Ака, эми сиз үчүн биз неме болбойлук, мындай туруп туруӊуз» – деп айтышы мүмкүн эле.

Дүйшөн айткандан кийин: «Кызматы жок жүрөбүз, бизге намыс керек, бизге абийир керек», – деп айткандан кийин, бүт зал: «Биз, андай болсо, коалицияга кирбейбиз, кызматынын да кереги жок, бизге абийир жана намыс керек», – деди. Мен муну эмне үчүн азыр айтып атам? Ушундай адамды өмүрүӊөрдө көрдүӊөр беле? Министрлик кызматты, прокурордук кызматты, соттук кызматты – жолдошум, досум, намыс деп таштап кеткен адамды?

Сот учурунда. Прокурор жана сот катчысы, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот учурунда. Прокурор жана сот катчысы, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Атасы баласын, баласы атасын сатып атпайбы азыр кызмат үчүн, байлык үчүн. Эгер: «Жок, Текебаев, мен билем, ушундай судья бар эле. Мен билем, ушундай прокурор бар эле – принцип үчүн, намыс үчүн, жолдоштук үчүн карьерасынан баш тарткан», – деп мага бир мисал келтире аласыӊарбы? Мен көп мисал келтире алам.

Ошондон кийин мен коалицияга кирбей койдум. Эки-үч күндөн кийин Роза Исаковна билдирүү жасап калды, эгер Атамбаев коалиция түзө албаса, кийинки коалиция түзүү мандатын мен Текебаевге берем, «Ата-Мекенге» деп. Дароо «Ар-Намыс» менен «Ата-Жерттун» өкүлдөрү мага келди. «Өмүрбек-ака, кирбеӊиз, биз билебиз араӊарда чатак бар экенин, үчөөбүз чогулуп түзөлү», – деп. Мен кирбей койдум, аларга макул деп. Атамбаев коалиция түзө албады. Конституция боюнча, түзүүгө 15 жумуш күн берилген. Эки күн калганда Атамбаев менин кабинетиме келди, кире бериштеги жерге отурду. Адатта, анын костюму эки размерге чоӊ эле, ошол күнү мага төрт размерге чоӊдой болуп көрүндү… Шүмтүрөп келди, отурду.

Сот учурунда. Адвокаттар, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот учурунда. Адвокаттар, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

«Өмүке, иттик менден кетти, мени кечир» – деди. Анын бир эле сөзү мага жетиштүү болду. «Болду, бүттү, Алмаз», – дедим. Балдар дагы ушу сөздү күтүп аткан деп, чуркап барып, фракцияга айтсам, «Эмнеси болсо дагы, боордош партия, бир партия, биз колдойбуз», – деп туруп, коалицияга кирдик.

Ошондо мен өмүрүмдө бир катуу сындым. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров келишти, менин инилеримдей болгон балдар: «Өмүрбек-ака, сизди жигит десе, саясаттагы патриарх десек, оюнчу турбайсызбы, биз менен кол алышып, анан бизди таштап, кирип кеттиӊиз, же саясатчылар ушундай болобу?» – деди.

Мен сындым, мен уялдым. Бакиевдин жанында иштеп жүргөн балдар мага ушинтип айтты, анткен менен, алар туура айтты. Бирок мен ушуну революциялык жолдошубуз, революциялык принцип, биз койгон идеяларды ишке ашыралы деп, сөзгө жыгылдым. Ал коалиция, тилекке каршы, түзүлбөй калды. Роза Исаковна сөзүндө туруп, мандатты «Ата-Мекенге», мага беребиз деди. Өкмөттү мен түзө турган болдум.

Сот учурунда. Аида Салянова, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот учурунда. Аида Салянова, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Бирок менин да ит кыялым бар, албай эле, сунушту Бабановго өткөрүп бербейликпи деп туруп алдым. Асия Сасыкбаева, мобул жерге келип көрсөтмө берген, Болот Шер, Райкан Төлөгөновдор келип айтты: «Өмүке, туура эмес кылып атасыӊ, балдар ишенип турат, революцияны жасаган бизбиз, реформаны биз жүргүзбөсөк, башка эч ким жүргүзбөйт, оппозицияда калбай, коалицияга киришибиз керек, мандатты ал, биз азыр Роза Исаковнага кирип, мандатты алып чыгабыз», – деп турушту.

Медеткан Шеримкулович, сиз билесиз го акыркы кыргыз тарыхын. Ошондо мен да иттик кыялымды кармап: «Жок», – деп телефон чалып, Роза Исаковна менен сүйлөштүм: «Роза Исаковна, эми мен коалицияга өтпөй калдым («батыштык стандарт» деп атам да), эми уят го, ушул жаш жигит Өмүрбек Бабановго берсек кандай болот?» – десем, «Жакшы ойлондуӊбу?» – деди. «Ойлондум» десем, «Анда, өзүӊ бил», – деди.

Роза Исаковна мага Кыргызстандын бардык бийлигин колума алып келип, сен бөлүштүр, устуканда деди. Бирөөнү төрага, бирөөнү премьер, бирөөнү генпрокурор, бирөөнү губернатор кылуу мүмкүнчүлүгүн мага тарых менен Роза Исаковна берди. Эгерде менин Маевскийге миллион доллар карызым болуп, же «Мегакомго» гендиректорду кое албай жүрсөм, ал мандатты өзүм алат элем да. Мунун логикасы барбы?

Сот учурунда. Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Бахадыр Сулейманов, Шайырбек Абдрахманов жана башкалар, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс
Эгерде өзүм албайм десем дагы, Бабановду чакырып: «Өмүке, мандатты сага берейин, иним, миллион доллар карызым бар эле, ошону төлөп берчи», миллион десем, төлөп берет эле го. Жок дегенде бир инимди, же партиялашым Дүйшөндү «Мегакомго» коюп кой десем, коюп берет эле го. Мен оппозицияга кетип, Дүйшөндөр, баары көчөгө чыкты.

Мен муну айтып атканым, мына, Жахангирден сурайын дегем: «Жахангир, бүткүл Кыргызстандын бийлигин колуна берип, бөлүштүр» дегенде «жок» деп, кандайдыр-бир өзү билген принциптер менен, мен бүгүнкүгө чейин түшүндүрө албайм, эмне үчүн баш тартканымды, отказ берип кеткен кишини көрдүӊ беле? Жок андай кыргыз тарыхында. Коммунисттик доордо да болгон эмес, азыр да жок.

Бул фактыны азыр да Роза Исаковнадан сурасаӊар да, Бабановдон сурасаӊар да болот. Бабанов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн жокмун, соодалашкан жокмун, мандатты өткөрүп бердим. Ошондо Роза Исаковна шарт коюп, мандатты Бабановго берди: «Атамбаевди премьер кыласыӊ, өзүӊ биринчи зам болосуӊ, Атамбаев президент болуп кетет, өзүӊ анын ордуна барасыӊ, биз баштаган реформаны аягына чыгарасыӊ, силерден башка ишенээр эч кимим жок», – деп.

Сот учурунда. Наталья Никитенко, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот учурунда. Наталья Никитенко, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Өзү баштаган ишти, өзү аркалап келген тарыхый миссияны андан ары уланткыла деп ошолорго таштап кетти. Сиз, судья, ушуга окшогон тарыхий прецеденттердин ишке тиешеси жок дейсиз. Алар болмоюнча, кимдин ким экенин, алар кандай ой менен иш алып барып, кандай мотив менен жашап, кыймылдап жүргөнүн сот аӊдап, баа бере албайт. Роза Отунбаева шартын айтты.

Отунбаева ким? Отунбаева – кыргыз тарыхындагы өзгөчө орду бар инсан. Эки эркек президент качып кетип, Кыргызстанды башаламандыкка кириптер кылып, ич-ара согуш чыгып кетүү коркунучу пайда болуп, улут аралык кагылышуу чыгып жатканда бизди жетектеп, Кыргызстанды сактап калды. Мен Ливия, Сирия, Украина жана башка бизден кийин чыккан, «түстүү» революция болгон өлкөлөрдүн тагдыры жөнүндө дагы бир жолу эскертип коеюн.

Биз жасаган трансформация, ошол өткөөл мезгилге Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө татыктуу баа берилди. Мен эл аралык конференцияларга барып, доклад жасап жүрөм, аларды түшүндүрүп жүрөм. Бул – факт. Ошонун баарынын башында Роза Исаковна турду. Ал Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионундагы феномен деп койсо болот, ал – биздин сыймыгыбыз, биздин намысыбыз.

Сот учурунда. Адил Турдукулов, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот учурунда. Адил Турдукулов, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Убактылуу өкмөттүн миссиясы эмнеде эле? Үч айда Конституцияны реформа кылып, саясий системаны өзгөртүш керек эле. Үч айда биз реформаладык. Мен өткөндө да айттым, дагы кайталайм, биз демилге көтөрүп, мен демилге көтөрүп, 3 айдан кийин биз кызматыбыздан кетели, кызматтан кетип, шайлоого катышпасак, легитимдүүлүк аз болот деп. Кызматыбыздан кетип, шайлоого бардык.

Мына, бүгүнкү бийликтегилер кызматынан кетип атабы? Максимум тырмышып отурбайбы. Конституция менен закондо жазылганы боюнча деп. Анда закон жок эле, анда биз эмне айтканыбыз закон болуп турган маал эле, биз айткан нерсе закон эле. Бирок өзүбүздү өзүбүз тыйдык, өзүбүзгө өзүбүз эреже койдук, өзүбүзгө өзүбүз чек койдук. Анткени бизден кийинки эл шайлаган бийлик, эгер биз келсек, бизге эл ишенгендей болуш керек дедик.

Дагы үч айдын ичинде, алты айда ошондо, күздө Жогорку Кеӊешти шайлап, легитимдүү өкмөт түздүк. Өкмөттү кантип эки жолу аракет кылып, Атамбаевди кандай шартта, кандай тапшырма, миссия берип, премьер, андан кийин президент кылганыбыз жөнүндө айтып өттүм. Роза Исаковна андан кийин дагы 18 айда, бир жарым жылда өткөөл мезгил бүттү да, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасын реформалоону баштадык, сот системасын реформалоону баштадык.

Сот учурунда. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот учурунда. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот системасын реформалоонун принциптери Конституцияда жазылган, соттун өз алдынчалуулугун, коллегиалдуулугун – баарын Эркин Алымбеков, ыраматылык, алып барып, баарын биз жаздык, жетекчиси болбойт, төрагасы ротацияланат, сот өзүн өзү башкарат, сот тандап алууну президенттен, өкмөттөн ажыратып, өзүнчө кылдык.
Ушул принциптердин баарын Конституцияга киргизип, Роза Исаковна башкарган бир жылда негизги мыйзамдарды, 49 закон кабыл алдык, сот реформасын баштадык, укук коргоо системасын реформалоону баштадык. Укук коргоо системасы – бул МВД эле эмес, бул – прокуратура, бул – юстиция системасы. Аткаруу бийлигин реформалап, парламентаризмдин алгачкы кадамдарынан баштап бир топ мыйзамдарды киргиздик.

Президенттик шайлоону өткөрүш үчүн шайлоо системасын өзгөрттүк. Атамбаевиӊер майда-чүйдөсүн эле өзгөртүп атат. Негизгиси, шайлоо системасын, бийлик бутактарын 2011-жылга чейин биз Роза Исаковнанын жетекчилиги алдында түздүк. Президенттик шайлоо өткөрдүк. Ошентип, өткөөл мезгилди аяктап, отчетун берип, президенттикти Атамбаевге өткөрүп бердик, Атамбаев президент болду.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкүл Чотонов сотто, 16-август, 2017-жыл © В.Воронин.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкүл Чотонов сотто, 16-август, 2017-жыл © В.Воронин.

Андан ары эмне болду? Атамбаев бийликке келээри менен 2010-жылдан баштап жеке бийлигин чыӊдоого киришип, Конституцияда жок эски салтты калыбына келтире баштады. 2015-2016-жылдары өзүнө эбегейсиз жеке бийликти жыйнап, эски башкаруу системасын толугу менен реставрация кылып, кайра алып келди Кыргызстанга.

2016-жылы декабрда референдум өткөрүү менен бийлик балансын бузду. Президент жана күч органдары үстөмдүк кылган «хунтанын» өзүнчө бир кыргызча вариантын түздү. Бүгүн президентке коргоо министри, коопсуздук комитетинин төрагасы, анын орун басарлары баш ийет, сот системасын толугу менен майкаңдап басып алышты. Прокуратура – ушунун баары менен өкмөттүн өз алдынчалыгын жоготту.

Жылда премьер-министрлер алмаштырылып, «показательный» иштер козголуп, өкмөт толугу менен көз каранды болуп калды. 2015-2016-жылдары премьер-министрдин башып аттап, анысы жок эле, президент министрлерди чакырып, тапшырма бере баштады. Телевизордон көрөсүӊөр – МЧСин да чакырат, минфинин да чакырат, баарына «лично» өзү тапшырма берет.

Сот учурунда. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот учурунда. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Жарым жыл, бир жыл өткөндөн кийин президент эмес, губернаторлорду, министрлерди Икрам чакырып тапшырма бере баштады. Сапар Исаков чакырып тапшырма бере баштады. Конституцияда коюлган саясий нейтралдуулук деген принципти Атамбаев бузду. Ал бир да партияга жан тартпаш керек, бир да партиянын мүчөсү болбош керек эле. Бирок парламенттик шайлоонун башынан баштап бүгүнкүгө чейин СДПКны фактически өзү башкарып, өзү тейлеп, эл алдында деле аны жашырбай айтып калды.

Бүгүн СДПКдан кандидант болгон Сооронбай Жээнбековду ачыктан-ачык колдоп жүрөт: «Мен ушул жигитти колдойм, башкасы жарабайт», – деп. Бакиевдин убагындагыдай, эбегейсиз чексиз бийликти өзүнүн колуна алды. Бирок бийлик деген – бул жүк, бийлик деген – бул сынак. Атамбаев ал бийликти көтөрө алган жок. Анын алсыз психикасы ага туруштук бере албады.

Атамбаевдин мөөнөтү бүтүп жатат. Ал эмне иш кылды? Роза Исаковна таштап кеткен да, мына бул иштерди жаса деп. Сот реформасы токтоду, муну Атамбаев деле, Бабанов деле мойнуна алып отурат, укук коргоо системасын реформалоо токтоду. «Акылдуу шаар» деген проект бар эле, тажиктер 7 айда бүтүрдү, биз жети жылда кура албадык.

Сот учурунда. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот учурунда. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Жыйырма-отуз миллион доллар кетет экен. Тажиктер 7 айда курду, азербайжандар менен казактар 5 айда куруп салды. А биз жети жылда кура албай отурабыз. Жеке бийлик орнотуп, өкмөттү сенек кылды, мен азыр айткандай, аткаруу системасын «дезорганизация» кылды. Тапшырманы Атамбаев берет, бирок аткарылганына жооп бербейт. Ким эмне кылаарын билбей, аткаруу бийлиги бирдиктүү иштей албай, «дезорганизация» болуп турат.

Коӊшу өлкөлөр менен мамиле бузулуп, саясий изоляцияда калдык. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен мамиле бузулган, ошол өлкөлөрдүн президенттери жети жылда бизге бир жолу мамлекеттик сапар менен келдиби? Өзбекстандын жаӊы президенти Казакстанга эки жолу, Тажикстан менен Түркмөнстанга барып келди. Борбор Азияда чогуу жашоонун жаӊы принциптерин түзүп, кечээ Ташкенде конференция өткөрүп, коӊшулардын баары менен жакшы болобуз деп атат.
А бирок бизге мамилеси өзгөргөн жок да. Анткени ошол бузулгандын кесепетинен болуп отурат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан стратегиялык темир жолу курулуш керек эле. Бул – Кыргызстан үчүн эӊ маанилүү проект. Ошол долбоор чыкса, биз Тынч океан менен Инд океанына, Антлантика океанына чыгабыз, биз соода-экономикалык эркиндикке гана ээ болбостон, саясий көз карандысыздыгыбыз бекемделет.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Бүгүн түндүктөгү бир эле жолду карап отурабыз. Дүйнөнүн туш-тарабына кетишибиз керек эле. Тилекке каршы, Атамбаев аны бойкот кылып, мен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан аркылуу жол курбайм, Эркештамдан кирип, Тажикстанга өткөрүп, Ооганстан аркылуу жол курам деп чыгып, 2012-жылдан баштап, дүйнөнүн бир өлкөсү макул болбой койду, бир да өлкөсү. Мен муну чыккынчылык катары баалайм.

2014-жылы Атамбаев экөөбүз ортобузда чоӊ талаш, чоӊ жаӊжал чыкты. Анткени 2000-жылы мен киргизген мыйзам боюнча так ушул маршрут Кыргызстандын мамлекеттик приоритети деп, ар бир айыл өкмөтү, ар бир жаӊы келген президент ушуну аткарыш керек деп мыйзам кабыл алганбыз. Ал мамлекеттин бардык программаларына кирген, бирок Атамбаев бойкот кылып, ал программаны бүгүн токтотту.

Роза Исаковна ишенип таштап кеткен бир да тапшырма аткарылган жок. Жөжө санай турган убакыт келди. Шайлоо болуп, Атамбаев кеткени турат. Ал элге эмне деп отчет берет? Силерге эмне калтырып кетип атам деп кыргызстандыктарга айта алат? Эки миллиард доллар карызды 4 миллиард кылдым деп айтабы?

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Жакында Чолпон-Атада пресс-конференция өткөрүп, журналисттер туруктуу өнүгүү стратегиясынын аткарылышын сурады. Туруктуу өнүгүү стратегиясы деген 2013-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын өнүгүү программасы болгон, ошол аткарылган жок, толук «провал» болду. Атамбаев дагы аны Чолпон-Атада мойнуна алды: «Спортсмендер деле бийик секирем дейт, анан жарымын алат, аткарылган жок», – деп, мамлекеттик программанын баркын кетирди.

Мамлекеттик программалар реалдуу болуш керек, аткарыла турган графиги, каржы булактары аткара турган кишилери так-так аныкталыш керек. Анан эми, айтып койдук да, болушунча болот, кудай бергенинче деп жооп берип атат. Ушул киши бүгүн Кыргызстанга 2040-жылга чейин программа түзүп кетем дейт. Бул кандай? Беш жылдык программаны «провал» кылып, 2040-жылга чейин фантазия түзүп кетем, чоӊ сурасаӊ, Кудай жарымын берет деп айтып отурат.

Убактылуу өкмөт, анын ичинде мени менен Атамбаевдин бүгүнкү конфликти мурун жабык болуп келсе, эми ачылды. Биз «Кумтор» маселесинин айланасында, темир жол салуу айланасында, Батукаев боюнча дагы ар дайым Атамбаев менен талашып, чабышып келгенбиз. Бирок: «Сынган кол жеӊ ичинде, жарылган баш бөрк ичинде», – деп, союздаш катары аны мурда ачыкка чыгарган эмеспиз.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © В.Воронин.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © В.Воронин.

Бирок конфликт былтыр ачык фазасына чыкты. Эмне үчүн? Анткени Атамбаев – мактана турган эч нерсеси жок экенин көрүп, тарыхта калыш үчүн тарыхтан орун талашты. Биз 2010-жылдан бери мактана турган бир эле нерсе бар экен. 2010-жылдан баштап бир жарым жыл ичинде биз баштап кеткен реформалар эле экен.

Атамбаев Европага барып, Евробирмдиктин жетекчилери менен жолукканда, Европа мурун Кыргызстанды Чынгыз Айтматов аркылуу тааныса, азыр парламентаризмдин өлкөсү, демократиялык реформа жүрөт деп тааныйт деди. Башка эч нерсени биз да айта албадык, алар да айткан жок. Бардык ишти Убактылуу өкмөт 3 ай ичинде, кийин Роза Исаковна бир жарым жыл ичинде баштап кетиптир. Калган эч нерсе болбоптур да.

Менин «Убактылуу өкмөт» деген китебим былтыр апрель айында чыкты. Ал китепте негизги фигура – Роза Отунбаева. Китепте белгиленген негизги иштер Роза Отунбаева башында туруп, Убактылуу өкмөт жасаган иштер. Анда Отунбаеванын тарыхый миссиясы жөнүндө да айтылган. Тилекке каршы, Атамбаев жөнүндө эч нерсе жок. Эки гана сүрөтүн таап, ал да биз менен жүрдү эле, кошуп койгула деп, эки сүрөтүн араӊ таап коштурдум.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун жүрүшүндө уктуңар, 2010 жылдын 12-13-май күндөрү биз менен болгон эмес. Түштүктө кырдаал курчуп, өзбек-кыргыз конфликти чыгып, анын жолун издеп атканда да биз менен болгон эмес. 7-апрелге караган түнү биз Кыргызстанды сактап, Убактылуу өкмөт түзүп атканда да биз менен болгон эмес. Мен аны кантип жазам, кантип андай эрдигин китепке киргизе алам? Кирген жок. Конфликт ошол китеп чыккандан кийин ачык фазага өттү.

Темир Сариев кызматтан кеткенде жаӊы премьерди тандап жатып, фракция лидерлерине – Конституция жакшы, өзгөртпөйбүз деп 2016-жылдын март айынын аягында айтты. Бирок апрелдин онунан баштап, Убактылуу өкмөт жөнүндө китеп чыккандан кийин, – Конституция жаман, Убактылуу өкмөт жаман, Конституция Кыргызстандын кызыкчылыгын Батышка саткан, муну өзгөртпөсөк болбойт деп, өзүмдүн жаӊы моделимди, мамлекеттин жана коомдун жаӊы концепциясын сунуш кылам деп, Фарид экөө даярдаган конституциялык өзгөртүүлөрдү алып чыкты.

Андай өзгөртүү биздин демократиялык коомчулукту эле эмес, эл аралык чөйрөнү да таӊ калтырды. Анткени бул моделдин негизги өзөгү, негизги мааниси – тоталитардык мамлекет түзүү. Мен Атамбаевге көргөздүм, Түндүк Кореяда дагы, Иранда дагы мындай жок, отуздай баалуулукту жазып, кыргыздын баалуулугун, ошол баалуулук үчүн адамдын укугун чектесе болот деген жобо, бул – тоталитардык мамлекеттин принциби.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

А биздин Конституцияда мамлекет менен чиновниктер адам үчүн кызмат кылат, алардын иш-аракеттери адамдын, жарандын укугун, анын эркиндигин камсыз кылууга милдеттүү. Биздин Конституцияда чиновник – элдин кызматкери деген принцип коюлса, эми адам мамлекет үчүн, адам чиновник үчүн деген принцип үстөмдүк кылууда.
Аны Венеция комиссия дагы сынга алды. Ошентип, Атамбаев сентябрда, апрель, майда баштаган, сентябрда андан баш тартты. Көбүбүз ойлойбуз, Атамбаев жеӊди, референдум өткөрдү деп. Жок. Өзүнүн негизги максатынан, негизги идеясын бузуп, дүйнөдө жок жаӊы модель сунуштайм деген оюнан баш тартты, уят болду, намыстанды.

Анткени Роза Исаковна баш болуп, биз, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, ачык кайрылуу жасадык, бул – реваншизм, бул – реставрация, бул – эски заманды кайра алып келебиз дегендик. Биз, Убактылуу өкмөт, ушул үчүн көтөрүлүшкө чыктык беле? Атамбаевге Кыргызстанды Роза Исаковна ошол үчүн тапшырды беле? – деп. Аны Убактылуу өкмөттүн 9 мүчөсү былтыр августта жарыяладык. Атамбаев артка кетип, ошол жоболорду алып салганга мажбур болду.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Бирок капа болгон экен, таарынган экен. 31-августта, Кыргыз Республикасынын 25 жылдык мааракесинде борбордук аянтта бүткүл Кыргызстанга, башка өлкөлөрдүн элчиликтери бар болчу, демек, бүткүл дүйнөнүн алдында Убактылуу өкмөттү сындады. Ал жарытылуу эч нерсе кылган жок деди. Роза Исаковнаны эл шайлаган эмес, ал өзүн өзү президент кылып алган деди.

Өзүнөн башка мурунку жетекчилердин бирине да карата жакшы сөз айткан жок. Мен Масалиев менен Усубалиевди айтпайын, жакынкы Акаев менен Бакиевди да. Мага бере турган мандат Атамбаевге берилип калбаганда, эгер анын ордуна мен отуруп калганда Атамбаев президент болмок эмес, эгер мен макул болуп, мандатты алганда, Атамбаев премьер да болмок эмес, анткени мен бөлүштүрөт элем ал кызматтарды.

Мен жанараак бекеринен айткан жокмун. Анын тагдырын ошондо биз чечкенбиз. Ошон үчүн бердик беле бийликти ага? 31-августтагы анын билдирүүсү бүткүл коомчулукта терс кабыл алынды, бул кыргыздын салтына туура келбейт, тойго чакырып алып бирөөнү, Роза Исаковнаны, жамандабайт. Тойдо жаӊжал салбайт, аял кишини, аны президент кылган адамды.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Мен Роза Исаковнанын миссиясын, эрдигин айтып өттүм. Ошол күнү ага «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген наамды берсе, андай марттык кадамы менен тарыхта калат эле, жигиттик кадамы менен тарыхта калмак. Тарыхтан бизден, менден орун талашам дейт. Роза Исаковнага жада калса, «Манас» орденин берген жок. Өзүнүн аппаратында кагаз ташып жүргөн Сапар Исаковго «Манас» орденин берди.
Роза Исаковна кызматтан кетип жатып, 2010-жылдын ноябрында Алмаз, мен, Азимбекке – бизге экинчи даражадагы «Манас» орденин берди. «Мен кетип атам президенттиктен, силердин Кыргызстанга жасаган эмгегиӊер бар, мен ошону баалап коеюн», – деп алдыңкыларыбызга орден, Койсун Курманалиевага «Данк» медалын берип кеткен. Атамбаев ошол Роза Исаковначалык боло алдыбы, анын баркына жеттиби?

Биз 31-августтан кийин дагы Атамбаевди сындаган билдирүү тараттык, ошондон баштап конфронтация ачык фазага чыкты. Бүткүл мамлекеттик маалымат каражаттары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, өзгөчө мени – баарыбызды жамандап жатып калды. Бирок биз да жөн турбадык. Атамбаев 31-августта: «Бакиевдин менчигин кимдер алганын мен ачам, аны Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү алган», – деди.

Соттун сыртында. Өндүрүш Токтонасыров, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. Өндүрүш Токтонасыров, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Эки жуманын ичинде Көк-Жардагы 2,5 гектар жердеги курулушту Атамбаев алганын биз далилдеп чыктык, ал жерге белгисиз каржы булактарынан чоӊ хан сарай куруп атканын көргөздүк. Убагында ал Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевге тиешелүү болгонун далилдеп чыктык. «Дастан» заводу да Максим Бакиевге тиешелүү болуп, анын пансионаттары жана башка менчиктери дагы Атамбаевдин жанындагы адамдарга өтүп кеткени далилденди, заводдор, банктар өткөнү далилденди, эки жумада далилденди.

Сепаратист Кадыржан Батыров менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сүйлөшкөн, мен аларды таап чыгып, камайм деди. Бирок тез эле Батыров өзү чыгып: «Мен Атамбаев менен сүйлөшкөн элем, мен анын досу элем, шайлоо боюнча сүйлөшүп, шайлоого «Ватан» партиясы менен чогуу барабыз дегенбиз», – деди. Муну президент Атамбаевдин пресс-кызматы да мойнуна алып, тастыктап чыкты.

Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев: «Мен баарын билем, Атамбаев мага тапшырма берчү эле, Кадыржан Батыровдун кадрларынын кагаздарын мен даярдап, мен Атамбаевге киргизчү элем, бир нечесин биз дайындаганбыз, Убактылуу өкмөттөн аны менен эӊ көп жолуккан Атамбаев эле», – деп айтып чыкты.

Соттун сыртында. Өндүрүш Токтонасыров, 16-август, 2017-жыл © В.Воронин.

Соттун сыртында. Өндүрүш Токтонасыров, 16-август, 2017-жыл © В.Воронин.

Бүтүндөй Атамбаев айткан далилдердин баары өзүнө каршы чыгып атат. 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү байып кетти деп Атамбаев өзү маалымат каражаттары аркылуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө каршы чабуулга өттү. 2010-жылдан кийин ким байыган – тизмелерин аныктап чыктык. Чын эле, ким байыды? Атамбаевдин айланасында жүргөндөр.

Ушулардын баары жыйналып, Атамбаев өз бийлигинен ашып, өлкөнү Конституциядан сырт башкарып калды. Мисалы, 850 млн доллардык түндүк-түштүк альтернативалык жолун бюджетке киргизбестен, долбоору жок, экспертизадан өткөрбөстөн туруп, баштап жиберген. Экинчи көчмөндөр оюнуна сарпталган 30 млн доллар дагы бюджетте жок, проекти жок ипподром куруп, экспертизадан өткөрбөй, ал акча Сапар Исаковдун көрсөтмөсү менен кетип калган. Ошолордун баары боюнча биз документтерди таап, март айында импичмент баштаганы калганбыз.

Март айында Атамбаев чабуулду мага эмес, анын демилгесине каршы чыккан бардык адамдарга каршы баштады. «Ата-Мекенден» Аида Саляновага иш козгоду, Алмамбет Шыкмаматовго иш козгоду, мага иш козгоду. Жана Канат Хасанов хронологиясын көргөздү. 2016-жылдын 26-декабрында Саляновага иш козголуп атат, андан эки ай өтпөй эле, 17-февралда Шыкмаматовго иш козголуп атат. Сегиз күн өткөндөн кийин, 25-февралда мага иш козголуп атат.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Конституциялык реформа боюнча бизге кошулуп, ага каршы чыккан Канат Исаевге жакында иш козголуп олтурат. Булардын байланышы жок деп биз кантип айта айтабыз? Атамбаев бизге эле эмес, журналисттерге, укук коргоочуларга каршы чабуулга өтүп, жеке өзүнүн атынан, айланасындагылардын атынан аларды сотко берип, 10 млн, 3 миллионго жыгып, үйлөрүнө арест салып, өздөрүн сыртка чыкпай турган кылып, туткунга алып отурбайбы.

Атамбаев өзү түздөн-түз тергөөгө, сотко, эл алдында көрсөтмө берип, сот боло электе, тергөө бүтө электе баа берип атпайбы. Владимир Путин менен жолукканда, кийин мартта, элге дагы бир сыйлык берип- жолукканда айтпадыбы: «Бул иште, кылмыш бар, саясий эмес, аягына чыгат, 10 күбө бар, мынча күбө бар, кудай кааласа, майга чейин тергөө бүтүп, сотко өтөт», – деп.
Тергөө ошону угуп, шашып, ишим мага 26-апрелде колума тийди. «13-майга чейин таанышсаӊыз – тааныштыӊыз, таанышпасаӊыз – биз акт түзүп, бере беребиз, анткени биздин графигибиз бар», – деди. 10 күн майрам, эс алуу күндөрү болду, таанышып бүтө элегибизде 3-4 күндүн ичинде жөнөтүп жиберди. Анткени графиги бар.

Соттун сыртында. Канат Исаев, Айгүл Текебаева, Садык Шер-Нияз, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. Канат Исаев, Айгүл Текебаева, Садык Шер-Нияз, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

«Эмне антип атасыӊар?» – десем: «Байке, өзүӊүз билесиз да», – дейт, эми тергөөчүлөр да кыргыз балдар да; «Эми, өзүӊүз билесиз», – деп атат. Эми сотто да график бар экендиги сиздин шашып, түнү менен сот өткөрүп, жумасына беш жолу жыйын кылып, шайлоого регистрация бүткөнгө чейин менин саясий укугумду чектеп коелук, алып коелук дегениӊерден эле көрүнүп турбайбы.

Адатта, мындай иштер айлап-жылдап созулат. Саясий кампания жүрүп атат. 10-сентябрда президенттикке талапкерлердин каттоосу аяктайт. Мен бүт шарттарын аткарып, тапшырып койдум. Сот ишинде менин эки паспортум турат, бирөөнү бериӊиз, мен Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырат элем десем, аны бербейсиз, барып, экзамен тапшырып келели десек, ага да уруксат бербейсиз, же БШК менен СИЗОнун жетекчиси сизге кайрылбайт.

Алар да шал болуп калды. Ушунун баары Атамбаевдин ушул кылмыш ишине, соттун жүрүшүнө, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине түздөн-түз таасири бар экенин көрсөтүп турбайбы. Муну эч ким тана албайт. Муну бүткүл кыргызстандыктар билет. Билбегендерге, түшүнүксүз болгондорго 1-2 айдан кийин булардын баары түшүнүктүү болот.

Соттун сыртында. Каныбек Иманалиев, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. Каныбек Иманалиев, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

«Мегаком» боюнча бул – биринчи аракет эмес, сентябрдан баштап мага каршы иш козгоонун бир нече аракети болду. Токтайым Уметалиевага кат жаздыртып, Текебаев Конституциянын текстин алмаштырып койгон деп, иликтөө жүрдү. Мен Баш прокуратурага көрсөтмө бердим, аны элдин баары биле бербейт. Мына, сурасаӊар, алып окуйсуӊар, көрсөтмөлөрдү.

Анан кийин СДПКнын депутаттары аркылуу парламентте маселе көтөрүлүп, Конституциянын түп нускасы жоголуп кетиптир, Текебаевдин колунда жүргөнүн көрдүк элек деп айттыртып, үйүмө чейин келип, оригиналды издешти, дагы иликтөө болду. Кийин уят болуп, президенттин аппаратында экен, оригинал бизде экен деп, Токтайымдын оозу менен кайра жарыялашты.

Андан кийин президент өзү баш болуп катышып, Абдил Сегизбаев экөө КТР аркылуу чыгып, ууру кармадык, Белиз деген мамлекетте «Мегакомдун» акцияларын, 23% акциясын отузбу, 50 млн долларлык акцияны Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдор – үчөөбүз да, каршы чыккан үчөөбүз – алып алышыптыр, мына кагаз деп, бүткүл Кыргызстанга көргөздү. Анын жалган экенин биз эки айда далилдедик.

Соттун сыртында. Болот Шер, 16-август, 2017-жыл © АКИпрессАКИпресс.

Соттун сыртында. Болот Шер, 16-август, 2017-жыл © АКИпрессАКИпресс.

Эгерде мен Венадан келгенде камап коюшпаса, азыркы иште бизге коюлган күнөөлөр да жалган экенин бир-эки айда далилдемекпиз. Бирок түрмөдө отуруп дагы, рахмат адвокаттарга, ушулардын аракети менен мунун жалган экендигин, фальсификация экендигин, эч бир далил жок экенин, тескерисинче, бүтүндөй документтер, күбөлөр биз тарапта экендигин биз далилдедик ушул жерде.

Эми Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жөнүндө. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ушул жерге келип, бир ооздон Дүйшөн экөөбүздүн алибибизди тастыктап кетишти. Мен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, жалпы эле Кыргызстандагы мекендештериме, мага ишенгендиги үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Ишенгендер абдан көп. Бирок, көӊүл айтып гана отурбастан, аракет кылып, жардам берем деген адамдар да эбегейсиз көп болду, жок дегенде телефон чалып, аларга да тереӊ ыраазычылыгымды билдирем. Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн он бири бизди колдоду. Бул – орчундуу тарыхый факт.

Соттун сыртында. Болот Шер, Асия Сасыкбаева, Роза Отунбаева, Наталья Никитенко, Аида Салянова,16-август, 2017-жыл © В.Воронин.

Соттун сыртында. Болот Шер, Асия Сасыкбаева, Роза Отунбаева, Наталья Никитенко, Аида Салянова,16-август, 2017-жыл © В.Воронин.

Атамбаевден башкасы, иши кылып баары, бизди колдоду. Анын жанында жүргөндөр эртеӊ, Атамбаев кеткенде, бизди колдойт. Мен буга бөркүмдөй ишенем. Атамбаевдин кылган иши жок, тарыхтан Убактылуу өкмөт менен орун талашам деп, андан башкаларынын баары бокочо болуп калып, жалгыз өзү ак боз ат менен кыргыз тарыхына кирем деп атат.

Мен аягында дагы айтам, тарыхка марттык менен, жигитчилик менен кирет. Пастык менен, акмакчылык менен башка тарыхка кирет. Тилекке каршы, биздин президентибиздин деӊгээли, касиети өтө төмөн болуп чыкты. Мен бүгүнкү саясий системаны «өзүм билемдик системасы» деп баалайт элем. Эч нерсе түшүндүрбөстөн, жөн эле, «өзүм билем». Бизде авторитаризмдин примитивдүү формасы орноду.

Эми, Бекназаровго токтой кетейин. Мына, Бекназаровдун сөзү деп жаздыртып – мен жөн эле Дүйшөн менен Өмүрбекти колдоп койдум деп, атайын кызматтар, эми фальсификация деп коелук, таратып атат. Дүйшөн экөөбүздүн алибибизди бекемдеген бир да сөз айткан жок Бекназаров. Чотоновду майдын он үчүндө көргөн жокмун, Текебаевди эртеӊ менен сегизде көргөм, ондо мен Жалал-Абадга кетип калгам деди.

Соттун сыртында. Турсунбек Акун, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. Турсунбек Акун, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Бизди күнөөлөй турган, же актай турган окуялар түшкү саат экиден баштап кечки саат тогузга чейин болуп отурат. Бекназаров бизди колдоп, же актап көрсөтмө берген жок. Бирок анын келгенине мен тереӊ ыраазымын. Ал тилектештигин билдирип келди. Бүгүнкү Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатына баа берип келди.

Байкап турат экен, Атамбаев муну да көз жаздымда калтырган жок, Чолпон-Атада берген пресс-конференциясында ошол Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Текебаевди колдогон жок дейт, ушуну да мага ыраа көрбөйт. Алар мага каршы ушуга чейин барып атат дейт, мына «мания величиясы». Аалам, бүт космос Атамбаевдин айланасында айланыш керек экен.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Текебаевди колдоп эмес, мага каршы болууга барышты деди. Мен антип эсептебейм. Мен анткени бул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жакшы билем. Алар мени колдоп үчүн эле келген жок, Дүйшөндү колдоп эле келген жок, алар өзүлөрүнүн принцибин колдоду, өзүлөрү күрөшкөн чындыкты колдоду, адилеттүүлүк, намыс, тилектештик үчүн ушул жерге келди.

Соттун сыртында. Эдил Байсалов, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Соттун сыртында. Эдил Байсалов, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Мына ушундай бийик баалуулуктары бар адамдарда ушундай сапаттар болот, аны түшүнө берүүгө кээ бир адамдардын, ошонун ичинде Атамбаевдин дарамети жетпейт. Мына менин айтайын деген оюм. Атамбаев саясий кызганычтан улам, тарыхта өзү кылган эч нерсеси жок, башка шериктерин, жолдошторун жоготуп, жаманатты кылып, тарыхта жападан-жалгыз өзүм калайын деп аракет кылып жатат.

Мен өткөндө, сөздөрүмүн биринде айткам – Атамбаевдин тарыхы эми жазылат, ал кеткенден кийин жазылат, анын тарыхын жанында жүргөн кошоматчы жасакер политологдор жазбайт. Эртеӊ кетет, алар кете электе эле тарыхын биз жаза баштайбыз. Атамбаевдин тарыхы мына ушул сот процессинен башталат. Атамбаевдин тарыхына, жасаган ишине бүгүнкү өкүм менен чоӊ тарыхый баа берилет.

Менин оюмча, мына ушул сот да кокусунан эмес. Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн он бири ушул жерге келип кетти, алар да сезип атат, четте калбайлы деп, анткени тажрыйбалуу саясатчылар. Тарых чечилип атат, Атамбаевдин жасаган ишине саясий баа берилип атат, тарыхка баа берилип атат.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкүл Чотонов сотто, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкүл Чотонов сотто, 16-август, 2017-жыл © АКИпресс.

Сот реформасы жөнүндө айтып өттүм. Мен ушул Эркин Алымбековдун аракети менен, СНГ өлкөлөрүндө жок демократиялык принциптерди Конституцияга киргизгенбиз сот системасы боюнча. Мен жана бир-экөөсүн санап өттүм. Жогорку соттон баштап райондук сотко чейин төрагалар ротация болот, алмашат, бир жылы болбосо, кийинки жылы ар кимге төрага болгонго кезеги болот деп чоӊ аракет кылдык.

Бирок Атамбаев ушулардын баарын жокко чыгарды, сот реформасы жүрбөй калды. Атамбаев да кетет, жаӊы президент келет, жаӊы өкмөт келет. Ошондо сот реформасы жүрөбү? Мен көп ойлондум, 25 жылдан бери ойлонуп келем. Мындай жыйынтыкка келдим. Туура, президенттин саясий эрки керек, өкмөт менен Жогорку Кеӊештин колдоосу керек, бирок бул жетишсиз экен, дагы бир негизги компонент, бул – судьянын өзү экен, соттун ниети менен ынсабы экен, судьянын өзүнүн тазалыгы экен.

Дүйшөн студент кезинде Акаевдин авторитардык бийлигине каршы чыгып – жок, андай болбойт деди, Бакиевдин убагында да – жок, андай болбойт деди. Бизде тарыхый үлгү боло турган инсандар башка тармактарда да бар. Соттор арасында акыркы 50 же 20 жылда бирөө ушинтип чыкты беле?

Сот Айбек Эрнис уулу өкүмдү жарым саат окуду. 16-август, 2017-жыл © Клооп.

Сот Айбек Эрнис уулу өкүмдү жарым саат окуду. 16-август, 2017-жыл © Клооп.

Сот Айбек Эрнис уулу өкүмдү жарым саат окуду. 16-август, 2017-жыл © Клооп
Сот системасында калыптанып калган жаман адаттарга, жаман салттарга, тартиптерге каршы болуп – туугандар, мындай болбойт, эл бизге ишенбей атат, мыйзам менен адилеттүүлүк бузулуп атат, андай эмес, мындай кылалы деп чыгып, бийликке каяша айтып, жаман адатка каршы күрөшкөн бир судья болду беле? Сиз айта аласызбы? Медеткан Шеримкулович, сиз айта аласызбы?

Мен 25 жылдан бери эл аралап жүрөм, андай судьяны укпаптырмын, ошон үчүн сот системасы чирип баратат, ошон үчүн сот системасында реформа жүрбөй атат. Так ушундай адамдар сот системасынын ичинен чыгыш керек. Мына, бүгүнкү сот Айбек Эрнис уулунун коллегалары, адвокаттар айтты: «Айбек мырза, жакшы судья элеӊиз», – деп. Эсил кайран деп, коштошкондой, жаназа окугандай болуп айтты.

Ошондо да айткам, сот системасындагы реформаны силер жасайсыӊар, эгер «жок» деп айта алсаӊар, мыйзамсыздыкка «жок» деп айта алсаӊар, адилетсиздикке «жок» деп айта алсаӊар, ошондо жол көрсөткөн маяк болосуӊар, ошондо судьялардын жаӊы мууну силердин артыӊардан ээрчийт, ошонун негизинде сот системасында таза аракеттер, маданият пайда болот. Аны сырттан бирөө алып келбейт, китептен окуп ала албайсыӊ, тартып алып келе албайсыӊ, андай адамдар арабыздан чыгат, арабызда эле жашайт. Алты жүз соттун ичинен жок дегенде 10 судья чыгыш керек да.

Дүйшөнкул ЧОТОНОВ.

Дүйшөнкул ЧОТОНОВ.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ.

Өкүм окулгандан кийин чогулгандар сот Айбек Эрнис уулуна наалат айтты © Клооп
Тарых сизге ошондой прецедент жаратканга азыр мүмкүндүк берип отурат. Адвокаттар айтты – сизди биз жакшы судья деп билчү элек деп. Ошондо мен да айттым: «Айбек мырза, мен сиздин кандай судья экениӊизди билбейм, мен эмес, аялыӊыз, балдарыӊыз да билбейт болуш керек. Ушул иштен кийин аялыӊыз, балдарыӊыз, бүтүндөй Кыргызстан тааныйт. Алар кандай пикирде калаары, кандай баа берээри азыр сиздин өзүӊүздөн көз каранды», – деп.
Аягында айтаарым, бул иш – фальсификацияланган, жалган жалаага негизделген. Биз Дүйшөн экөөбүз адвокаттардын жардамы менен, прокуратура жана ГКНБнын жалааларынын баарын жокко чыгардык. Конституция боюнча биз өзүбүздүн ак экенибизди далилдөөгө милдетүү эмеспиз, аны сиз далилдешиӊиз керек. Бирок ошого карабастан, аны биз далилдедик.

Өкүм окулгандан кийин чогулгандар сот Айбек Эрнис уулуна наалат айтты © Клооп.

Өкүм окулгандан кийин чогулгандар сот Айбек Эрнис уулуна наалат айтты © Клооп.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин Журналист. Финляндия, Келсинки. 27.08.2017-жыл.

Jun 23

Лидер..

 ***********************************************************************************************  

                                   «БОЛОТ КАНТИП КУРЧУДУ?»

ee-74            «Эрдик күн сайын кыйынчылыктарга 
              туруштук берип, күрөшүүдөн келип  чыгат!.»

                                Николай ОСТРОВСКИЙ.

         Болот (сталь) – бул өтө катуу жана курч темирдин бир түрү. Кыргыздар «болоттой курч» деп койушканы ошондон.

Урматтуу окурманым, кадырлуу мекендешим! Эмесе мындай. Эгер чынымды айтсам сөзүмдүн төркүнү бул. Өз өлкөмдөгү, мекенимдеги болуп жаткан кырдаал, өйдө-төмөн окуйалар тууралуу жеке ойумду ортого салгым келди. Андан да тагыраагы, азыр, бүгүнкү күндө кудум ee-42«кылым сотуна» айланып, кыргыз коомчулугун болуп көрбөгөндөй дүрбөтүп, удургутуп, уу-дуу түшүрүп, карандай жалган жалаа менен камакка алышып, же бир колго карманаар, ийнеге илинээр далилдери жок, ал гана эмес «андай же мындай болгон» деп айтаар «көзү тирүү» бир жарым күбөлөрү жок, күнөөсүз күнөөлүү болуп абакта отурган Жогорку Кеңештин депутаты, айтылуу «Ата-Мекен» партийасынын лидери Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ жөнүндө болмокчу.

Сөзүмдүн башында азгантай бир кыстырма кыла кетейин. Өткөн доордо (20-кылым) орустардын Островский деген «орошон» жазуучусу болгон. Билсеңер керек. Ошол жазуучу айыкпас катуу ооруну (муун оорусу) башынан кечирип, төшөктө жатып калганына карабай «Болот кантип курчуду» деп аталган өзүнүн көлөмдүү автобиографийалык романын жазып кеткени көпчүлүк адабийат сүйүүчүлөргө маалым. Николай Островский ал чыгармасын эркинин күчтүүлүгүнөн, болоттой курчтугунан, көк беттигинен жана кыйынчылыкка мойун сунуп, майтарылбас, бекемдигинен көздөгөн максатына жетип, баштаган ишин айагына чыгарып салган. Романдагы башкы каармандын аты-жөнү, болоттой курч жигит Павел Корчагин деп билебиз. Ал эми Павел Корчагиндин образын жараткан өзү, автор Николай Островский.

Кыйын шартта, алгач торчолор аркылуу тамгаларды терип жазса, кийин ага да алы келип жаза албай калганда жанына атайын бирөөнү отургузуп койуп, ошол адам аркылуу, ага айтып берип атып жаздырып бүтүргөн. Аны ошондой тагдыр сыноосу, оору, кыйналган учурлары улам курчутуп, тескерисинче кайратын күчөтүп, дем-күч берип, жазуучуну мүңкүрөтүп, сындыра алган эмес. Айтайын дегеним, эрки күчтүү, ички жан дүйнөсү таза, көздөгөн максаты менен беттегенин бербеген көк жалдарды эч бир кыйынчылык мизин майтарып, сындырып, чөгөлөтө албайт демекчимин.

«Болотту» болсо болтурдум. Эми өзүмдүн кыргыз кыртышыма келейин. Ар кандай доордо, заманда кыргыз журтчулугу деле нечен кыйынчылыктарды башынан кечирип, бир кырылып, бир тирилип дегендей, Кудайга шүгүр, жок болуп кетпей жолун, улуу Көчүн улап келет. Ошентип, эптеп-септеп жүрүп чейрек кылым мурун эркиндик деген бийиктикке жеттик. Эмне кылабыз, кубангандан жаман тебетейди тээ көк асманга көкөлөтө ыргытып жибердик. Кээ бир элди теңибизге албай, текеберлик кылып, аша чаап мактана бергенибиз андан көп. Жашырганда эмне? Эгемен эл болдук деп ээликкенибиз менен эңгиреп жан дүйнөбүз дале бош, элейип, башка бирөөнүнүн көзүн карап, тизелеп, бүгүлгөндөн өйдө көтөрүлө албай келебиз. Бул да кашкайган чындык. Дагы деле болсо улут катары бир нукка түшүп, ынтымак-ырашкерликти иш жүзүндө бутуна тургузуп кете албай, тымызын бөлүнүп-жарылып, глобалдашуунун жолуна түшкөндү мындай кой, аздап болсо да алдыга жылгандын ордуна, ар кандай себептерден улам келжейип эле кетенчиктеп туруп алдык. Эмнеси болсо да элибиздин эртеңкисине болгон үмүтү зор экени шек жаратпайт деңизчи. Анткен менен көптүн тилеги көл демекчи, көч бара-бара түзөлөөр, жаман учурларды жакшылык жеңет деп туралы.

6Кандай гана тарых болбосун, анын тарыхый инсандары, жаратуучулары, түптөөчүлөрү болот. Дагы кайталап кетейин. Ошол отуз жылга жакын эгемен кыргыз тарыхы менен кошо эриш-аркак эрмешип келе жаткандардын ана башында, кырчындай жаштыгын, бүткүл өмүрүн өзүнүн өлкөсүнүн түптөлүшүнө, эл-журтунун эртеңки келечегине, анын өнүгүп өсүшүнө, мыйзамдуу жолго түшүшүнө арнап, башын канжыгага байлап койуп, эч бир чаалыгып-чарчоо дегенди билбеген, күн сайын күрөшүн улантуудан тажабаган, түркүн жалган жалаалар жабылып, куугунтукталган сайын курчуган, кыргыздын чыныгы сыгаан, чынчыл жана көк жал уулу Өмүрбек ТЕКЕБАЕВДИН тарыхый таржымалына, өздүк бейнесине токтолуп, аз да болсо адамдык сапатын ачып бергенге аракет кылып көрөйүн дедим.

m-keӨзү, Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ деген ким?
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, Кыргыз сайасатындагы эң күчтүү, эркиндигибиз, эгемен кыргыз тарыхыбыз башталган күндөн тарта сайасый айдыңдын тикелей чордонуна, коомдук-мамлекеттик түзүлүштөрүнө баш оту менен сүңгүп кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин бир гана адилеттүүлүктү туу тутуп, тиги же бул жакка өтө качпаган, кимиси болсо да көзгө сайып, калыстыктан тайбаган,  башкаларчылап багытын өзгөртпөгөн, кандан-бектен кайра тартпаган, ажыдаары, ал эмес жети баштуу желмогузу болсун, тайманып, тартынып, коркуу дегенди түк билбеген, аты көп сайасатчы сөрөйлөрдүн арасынан чолпон жылдыз сымал өзүнчө бөлүнүп, жаркырап-жанып чыга келген, көзгө басаар, бирден-бир белгилүү, легендага айланган инсан.

Кыргыздын эки кырааны: Легендарлуу парламент депутаттары маркум Дооронбек САДЫРБАЕВ жана Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ.

Кыргыздын эки кырааны: Легендарлуу парламент депутаттары маркум Дооронбек САДЫРБАЕВ жана Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ.

Мен эч кандай ойлонбой, күмөн санабай туруп айталам жана Өмүрбек ТЕКЕБАЕВДИН болоттой курч сайасатчы экенине бөркүмдөй ишенем. Арийне сайасат деген ойунга «сасык» деген түшүндүрмө берип келишсе, кыргыз сайасатындагы «сасык» андан он эсе ашып түшүп, а тургай кээ бир учурларда сасымак тургай «былжып» кетээрин алдыртан алек болуп жүргөндөр менен эмне экени жөнүндө аз-маз түшүнүгү барлар абдан жакшы билишет. Ушул учурга чейин, чейрек кылымдык татаал жолду кыйалап келген кыргыз сайасатына кимдер гана келип, кимдер гана кеткен жок. Бир эмес эки ажо эл-журтуна келгис болуп, качып-безип жоголушту. Далай «мен» деп төшүн каккан сайасатчы «сөрөйлөр» өздөрүн-өздөрү «адилет башчыбыз» деп атап алган кутумдардын ар-кандай басым-кысымдарына туруштук бере албай, эл көзүнөн оолактап, тыптыйпыл жоголгондору канча? Ыңгайдан пайдаланганды илгиртпей түшүнгөн, өз көмөчүн, кызыкчылыгын гана ойлоп, кыргызды түп орду менен сатып ийгенге дайар саткындардын чырагына май таамп, андайлардын майкөл, сүткөл жашоосу эч бир токтоосуз уланууда. Кутуруп, канга тойгон биттей чатырап семиришти, каалагандай жеп-ичишти. Дал бүгүн да так ошолордун доору сүрүүдө. Андайларга даба жок экен, алар ар замандын эрке-талтаңы болуп көнүшкөн, акча, байлык менен мансаптын кулдары кутуруп жашаганды гана мыкты өздөштүрүшкөн, алар башкача жашоону элестете алышпайт, алар үчүн таптакыр жат көрүнүш.

ee-64Ал эми Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ дал ушундай жат жана жапайы көрүнүштөргө карандай каршы турган, андайлар өзүнүн өмүрү элдешкис, эгерим келишкис  душмандары экенин мыкты билген бирден-бир, жападан жалгыз сайасатчы. Өмүкени дал ошол мите курттар менен жеп-ичкич сүткор, сасык сайасатчы сөрөйлөр болоттон кем эмес кылып курчутту. Ал азыр болоттон да курч, керек болсо ажал менен арбашуудан качпаган, чыныгы көк жал, көрбөгөндү көрүп такшалган, эң тажрыйбалуу сайасатчыга айланган. Аны эми эч ким майтарып, сындыра албайт. Майтармак түгүл Өмүкенин атын айткандан коркуп, жанына жакын жологондон айбыгып качкан «койондор» четтен табылып турган кез. Өмүкени сындырып, сайасый айдыңдан айдап чыгып, «биротоло жок кылабыз» деп жулунган түркөйлөр өздөрүнүн таш-талканы чыгып, ар кимиси ар талаада каңгып калганын көпчүлүк, ал эмес жумурай журт азыр да жакшы билет.

ee-63Мен эми майда-чүйдөсүнө токтолбойун, Өмүкени өлтүрүп, дайынсыз жок кылып салууну канкор Бакиевдер катуу самап, түн уйкудан далай калышкан. Болгон амал-аракеттерин жасап, бийлигин, бандит-башкесээрлерин жалдап,  өлүп-талып, жанталашып, өтө балит, айбанчылык жолдорго баруудан да тарынышкан эмес. Өлкөнүн ичинен өздөрүнүн колунан «пок» келбей калганда, айлалары кетип, эптеп алыскы чет өлкөлүктөрдүн колу менен болсо да жок кылып тыналы деген карасанатай жолду ойлоп табышкан. Ошол сасык ойлорун ишке ашыруу максатында Польша мамлекетине расмий сапарга чыккан Өмүрбек ТЕКЕБАЕВДИН сумкесине билгизбей «наркотик» салдырышып, (атактуу «матрешка гейт» ошондон калган) ошол өлкөгө учуп барып конгондо «наркобарон» катары алардын мыйзамы аркылуу карматып, кылмышкер дедиртип, соттотуп, андан ары аттырып жок кылып салабыз деген каракчылык пландарынын таш-талканы чыгып, жүзүкара, канкор Бакиевдердин абийири айрандай төгүлүп, шерменде болушкан. Ал эми Өмүкебиз болсо Польша мамлекетинин акыйкат сотторунун адилет чечими аркылуу таза жана ак экендиги далилденип, акталып, ата-журтуна кадимкидей жүзү жарык бойдон, элинин шатырата кол чаап тосуп алуу бактысы менен кайра учуп келгенин кимдер гана билбейт.

(Улдандысы бар)

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия,
Келсинки шаары. 23.06.2017.

Feb 26

Табылга..

******************************************************************************************************************

Анарбек 2Акылбек УСУПБАЕВ:
Кыргыз Республикасындагы Улуттук госпиталдын алдындагы урологдор борборунун жетекчиси. Башкы уролог, Профессор.

«ФИНЛЯНДИЯДА КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН БЕЛЕГИ САКТАЛУУ ТУРАТ..»

Быйылкы жылды Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Маданият жана тарых» жылы деп жарыялаганы жакшы эле болуптур. Жаңы тарыхый, маданий табылгалар иликтенип, тамырыбызга карай-кайра бир сереп сала турган болдук. Анын бири, жакында эле Кыргызстандын башкы урологу, дарыгер Акылбек Усупбаевдин финн жергесинен өз көзү менен көрүп келген жаңы табылгасы. Кыргызстандыктар үчүн бул чоң олжо жана тарыхый баалуу булак. Эмесе кеп ошол тууралуу болсун…

– Акылбек Чолпонкулович, адегенде Финляндияга болгон иш сапарыңыздын максатынан кепти баштасак…
– Кыргызстандын башкы урологу катары, бул иш сапарым деле саламаттыкты сактоо тармагына арналды. Бирок, урология тармагы жаатында эмес. Тагыраагы, менин демилгем менен аз убакыт мурда Кыргызстанда клиникалык химия жана лаборатордук медицина ассоциациясы түзүлгөн эле. Себеби Кыргызстанда адам илдеттерин аныктоочу лабораториялар көп болгону менен сапатына күмөн болгон учурлар көп. Бир эле оорулуу адам бир канча лабораторияга канын тапшырса, жыйынтыгы ар башкача чыгат. Кимисине ишенип, кайсы жыйынтыкка жараша дарылоо керек деген маселе жаралат. Ошондуктан, мен Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу жана андрологу катары бул маселени акырындап жоюп, лабораториялардын сапатын жакшырталы, алардын жыйынтыктары шек жаратпагандай болсун, эл аралык ченемдер, стандарттар туура сакталсын деп ассоциация түзүү демилгеси менен чыгып, аны уюштурганбыз. Финляндияга да ошол ассоциация аркылуу “Лаб Кфолити” деген эл аралык ассоциациянын чакыруусу менен Хельсинкиде өткөн конференцияга барып калдык. Ал жакта дарт аныктоочу мекеме жайлар менен таанышып, пикир алышып, тажрыйбалары менен таанышып келдик. Ал жакта “Лаб КФОЛИТИ” бардык медициналык лабораториялардын ишмердигин текшерип көзөмөл салып, стандарттардын сакталышын камсыздап, жыйынтыктарынын сапатын текшерип турат экен. Кыргызстан сыяктуу эле 5 миллион калкы бар, тоолуу чакан аймактагы финдердин медицинасы абдан алдыга кетиптир, 80 пайыз операциялар роботтор аркылуу жасалат экен. Алар биздин саламаттыкты сактоо тармагына жардам берүүгө макул экендигин, бул үчүн өкмөттөр аралык байланыштарды күчөтүү керектигин айтышты. Абдан кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарга, иш тажрыйбаларга күбө болдум…

Профессор финн жергесинде..

Профессор финн жергесинде..

– Анан кайдан жүрүп Курманжан датка апабыздын колу тийген буюмдарга кез келип жүрөсүз?..
– Расмий жолугушуулардын ортосунда дем алууга убакыт болуп калды. Ошол учурда биз менен чогуу барган Октябрин Садыровдун көп жылдардан бери кызматташып, катышып келе жаткан Класс Палмберг деген фин досунун үйүнө алып барды. Ал Финляндиядагы аты чыккан “OY WOIKOSKI AB” деген 9 заводдон турган ири компаниянын кожоюну, миллионер адам экен. Ал биз менен таанышкан соң өзүнүн фермасына ээрчитип барды. Өзү күлүк аттарга, ретро унааларга жана канаттууларга абдан куштар адам болгондуктан, тээ 1900-жылкы эски унаалардан бери карай 100дөй унааны коллекция кылып тизип коюптур. Арасында өткөн кылымдын башында эле пайда болгон суутек менен жүрүүчү унаа да турат. Суутек менен 6 чакырым жүрө алган бул унаа кийин бензин пайда болгону чыкпай токтоп калыптыр. Андан тышкары ар түрдүү күлүк породадагы аттар жана канаттуулары жүрөт. Менин таң калганым, ал фазандарды инкубатордон чыгарып өстүрүп, өзүнүн токоюна кое берип, фермага келген туристтерге жылына бир жолу мергенчилик кылдырат экен. Мунун ал жаратылыштагы көп түрдүүлүктү сактоого жардам деп түшүндүрдү. Фазандар биз барганда тооктордой эле жаныбызда жүгүрүп жүрүштү. Ошол фермадагы экскурсия учурунда мени ресторанында турган ээр токумдар коллекциясы өзгөчө кызыктырды. Карасам эле арасында кадимки кыргыз ээр токуму турат. Ооба, мен бала кезде айылда атка токунуп жүргөн эле эски кыргыз ээри. Таң калып, Класс Палмбергден сурасам, ал бул буюм Финляндиянын алгачкы Президенти Карл Густав Эмиль Маннергеймге таандык экендигин, анын буюмдары аукционго чыгарылганда, ээр токумдарды коллекциялаган миллионер эч ойлонбостон сатып алганын айтты. Андан да кызыгы аукционго койгондор бул ээр чакан кыргыз боз үйү менен чогуу сатылат деген шарт коюшуптур…

Кадимки көк кайыш менен капталган кыргыз ээр токум..

Кадимки көк кайыш менен капталган кыргыз ээр токум..

– Мына кызык! Ошондо Палмбергде боз үй дагы бар бекен?
– Ооба, ээр токумга кошуп боз үйдү дагы сатып алыптыр. Бирок, мурда-кийин андай буюм көрбөгөн Класс Палмберг сатып алган боюнча боз үйдү тигүүгө аракет деле кылбаптыр. Биз ошол жерден дароо эле ферманын ээси жана анын жанындагыларга бул буюмдар кыргыз элине таандык экенин, Маннергейм аскер адамы, барон катары Орто Азияны кыдырып, анын ичинде Алай ханышасы деген ат менен тарыхта белгилүү болгон кыргыздын даткайымы Курманжан даткага жолукканын, аны менен бирге сүрөткө түшкөнүн айтып, интернеттен дароо эле Курманжан датка апабыз менен Густав Маннергеймдин бирге түшкөн сүрөттөрүн таап бердик. Ээр токум, боз үйү менен сүрөтчүгө белек катары атайын берилгендигин божомолдодук. Класс Палмберг абдан таң калды, биздин сөздөргө таасирленип, эгер Кыргызстандан атайын реставратор-боз үйдү калыбына келтирүүчү адам келип, ошол тарыхый боз үйдүн кургаган жыгачтарын ийге келтирип, жабуусун жабдып тигип берсе, фермасына тигип алаарын, бул ага келген туристтер үчүн да абдан сонун жаңылык болоорун айтып калды.

– Бул жаңылыгыңыз быйылкы тарых жана мадиният жылына кошкон чоң салымыңыз болду окшойт?
– Албетте, кыргыздар качан болбосун, кайсы чет өлкөгө чыкпасын, өз кызыкчылыгы менен эле жүрө бербей же мамлекеттин акчасы менен уюшулган иш сапарларда шарактап майрамдап, шоп-тур кылып жүрө бербей, барган жерине өз эли, жери тууралуу жакшы маалыматтарды берип, алар да биз тууралуу маалыматтар болсо чогултуп келиши керек деп эсептейм. Ошондо гана Кыргызстандын чыныгы патриоту боло алат. Мен да биздеги лабораториялардын санын эмес сапатын жакшыртуу, алардын жыйынтыктарынын так жана айкын болушу үчүн фин жергесине барып, капыстан эле жолдуу кайттым. Быйылкы жылдын маданият жана тарых жылы экендигин эске алганда, атайын маданият жана тарых тармагынын өкүлдөрү Хельсинкиден 185 чакырым алыста турган токой арасындагы ошол фермага барып, Курманжан датка апабыздын колу тийген, Алайдан Европага жеткен ошол тарыхый баалуу буюмдарды атайын тасмага түшүрүп, эки элдин терең тамырын жибитип, алака түзүп келсе деген ниеттемин. Балким, биздеги колу узанган Анарбек 3чеберлерден алып барып, бир кылымдан бери тигилбей сакталып турган боз үйдү жаңылап, калыбына келтирип тигип берсек, ага кеткен чыгымды миллионер кожоюн төлөгөнү менен канчалаган туристтер боз үй аркылуу Кыргызстанды таанып, кызыгып калышат эле…

Маектешкен Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ.
Журналист, Бишкек шаары. 25-февраль, 2016-жыл.

******************************************************************************************************************

Фин 5

Фин 4

Feb 14

Эне жөнүндө баллада..

ээ 84******************************************************************

Нуркыз РЫСКУЛ кызы.
1991-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылында төрөлгөн. Алгач Ак-Кыя айылындагы Асааналы Абдраимов атындагы орто мектептен окуп, кийин Бишкек шаардык №-87 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. 2014-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин Кыргыз филологиясы факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эл аралык «Нурборбор» чыгармачыл жаштардын академиясынын алдында уюшулган «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү. (2011) «Поэзия, сени сүйөм!» (2011) аттуу ыр жыйнагынын автору. «Кыргыз жаштар поэзиясынын» (2012) антологиясына тандалма ырлары кирген. (2012) «Селкилердин селкинчек» аттуу жаш акын кыздардын арзуу ырлары камтылган китепке ырлары кирген. Кыргыз радиосу тарабынан уюштурулган «Таланттар таймашы» уктуруусунун акындык өнөр боюнча 2-даражадагы дипломунун 2 жолку ээси. 2012-жылы Коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин диплому, (2015) Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөөлүү, бир кыздын сүйүктүү энеси. Бишкек шаарында жашайт.

ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА

Эсимде экзамендер бүтүп калган,
Эл толгон жерден унаа күтүп калгам.
Жаз эле, жука көйнөк кийип алып,
Жамгырга калып бир аз үшүп калгам.

Жыкжыйма аялдама адам батпайт,
Жылууга жамгыр төгүп кадамдатпайт.
Бир-бирин жөөлөп өтүп улуу кичүү,
Бирине, бири барып амандашпайт..

Аңгыча унаа келди толуп алып,
Арт жактан жайланыштым орун алып.
Биз түшкөн автобуска түшүп калды,
Бир Эне, ымыркайын колуна алып.

Ортоктош болуп жолдо сапарыма,
Олтурду келип менин катарыма.
Баш-аяк суу болсо да аяр карайт,
Баласын катып алган чапанына.

Бала да, отурбай тынч ыйлап келди,
Басылбай энекесин кыйнап келди.
Жүзүнөн жаш Эненин бакыт көрүп,
Жүрөгүм бир башкача туйлап келди.

ээ 84Эне да, кайыл болуп тоңгонуна,
Энтеңдеп бара жатат жолдо мына.
Бар, жокко түшүнбөгөн бал тил кезим,
Балалык келип турду ойлорума.

Ашынган элден бөлөк эрке элем,
Апамды далай кыйнап эркелегем.
Атакем баарын алат керек болсо,
Асманда айды алып берсе дегем!.

Ал кезди келет бүтпөй баяндагым,
Аягы чекити жок баяндарым.
Апамдын ачуусуна тийген күнү,
Атакем болчу жалгыз таянганым.

Эң кымбат, атам-апам жакындарым,
Эч кимге алмаштыргыс асылдарым.
Канатың жайып дайым кучагы кең,
Канча ирет жамгырлардан жашырбадың.

Азыр мен терең ойго түшүп турам,
Айлымдын жытын эңсеп күтүп турам.
Төрүнө биз чоңойгон үйдүн жетпей,
Төгүлгөн жаанда калып үшүп турам.

Сароору, кусалыкты чектесемби,
Сагынган айылыма жетпесемби.
Бүтпөгөн түйшүктөрдүн баарын таштап,
Бүгүнтөн калбай туруп кетпесемби!.

АЯЛСЫҢ ДА ДЕБЕГИН!.

Аялсың да, алсызсың да дебегин,
Аным сени күчтүү болсун дегеним.
Эң негизги жеңишим да аялдык,
Эл жериңе тийип турса керегиң.

Өйдөдө өбок, ылдый болсоң таярмын.
Өзүң үчүн бар нерсеге даярмын.
Ооматым да бактым дагы сен менен,
Ошолүчүн алсыз назик аялмын.

А сен менин аскамсың да жөлөнчү,
А мен гүлмүн мээримиңден көгөрчү.
Баарыбыздын ырыскыбыз сен менен,
Балдарымдын төрөлгөн да, төрөлчү.

Ошондуктан башыңды ылдый салбагын.
Ооматым сен, жаркын мүнөз ардагым.
Өзүң бийсиң тагдырыма, багыма,
Өмүрүмдүн баарын сага арнадым.

САЛАМ КАТ.

«Салам кат! Окуулар жакшыбы?
Сага арнап ыр жаздым жактыбы?
Эч качан айрылбай жолубуз
Экөөбүз болобуз бактылуу».

Атайын «гүл» болуп жасалган.
Алгач мен өзүңдөн кат алгам.
Күзгүнү кайтарчу адат таап,
Күнүгө түрлөнүп жасангам.

«Жолдоду кат менен саламын,
Жооп бергин» -деп койгон талабын.
Карааны азыр да эсимде,
Кат берген кошуна баланын.

А көрсө күн мурун такташып,
Апакай барака кат жазып.
Бекиткен экенсиң келишим
Бергин деп ортодо кат ташып

Андагы сен жазган каттарың,
Айрыбай эчен жыл сактадым.
Көңүлгө кыт сымал уютуп,
Көмүскө сыр кылып каткамын.

Карабай кылчайып арт жагын,
Карасаң мезгилдин шашканын!
Жакшысы мен азыр бөлөктүн,
Жарысың сен дагы башканын.

АЙЫЛЫМА БАРГАНДА..

Көп болду айылыма келбегемин,
Көөнүмдө көксөгөмүн, эңсегемин.
Байоо кез, аруу жана таза бойдон,
Балалык күнүм калган сенде менин.

Күүгүмдө көчө шаңга толуучу эле,
Күлкү,ыр,оюн түрлүү болуучу эле.
«Кой кызым,чыкпагын» – деп энем мени,
Коңшунун балдарынан коруучу эле.

Элестеп ал кезекти толкуп алдым,
Эң сонун мезгил кандай болчу алтын.
Бактылуу ата болуп өзгөрүптүр,
Балдары ошондогу коңшулардын.

******************************************************************************************************************

Jan 03

Көч байланыш..

******************************************************************************************************************
1

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР:  ӨЗҮМӨ КЕЛСЕМ ЧЫНЫГЫ ТӨКМӨ БОЛО ЭЛЕКМИН ДЕП ОЙЛОЙМ. КӨП УЧУРДА ЫРДАГАНЫМДАН ӨЗҮМ УЙАЛЫП КЕТЕМ.

«Көчүбүздөгү» салттуу «Байланышыбызды» уланттык. Кезектеги Байланышыбыз бүтүп бараткан жылда, 26-27-декабрда, ишенби-жекшемби күндөрү Бишкек убактысы бойунча кечки саат 19-00 дөн 24-00 гө чейин созулду. Аталган «Көч Байланышыбыздын» (Он-лайн) ардактуу коногу жети күн тынбай ырдаган атактуу Жеңижоктой залкарыбыздын жолун улаган ак таңдайлардын бири, айтылуу төкмө, акын  Жеңишбек ЖУМАКАДЫР  болду. 


******************************************************************************************************************

ээ 53Айтмырза АБЫЛКАКСЫМОВ. Бишкек шаары, КР.
Кеч жарык, кадырлуу Көчмөндөр! «Көч байланышты» баштаардан мурун баарыңыздарды келе жаткан Жаңы 2016-жылыңыздар менен куттуктаймын! Келе жаткан жылда эмне жакшылыктарды эңсесек, кандай аруу тилектерди тилесек баарысын Жаратканым ар бирибизге берип, келерки жылга карата койгон максаттарыбыз аткарылып, Өлкөбүздүн да, өзүбүздүн да жыргалдарбызды көрүү буюруп насип этсин!
Урматтуу Жеңишбек мырза, «Кыргыз көчүнө» куш келиңиз! Биздин арабызга келип, убакытыңыздын тардыгына, зарыл жумушутарыңыздын бардыгына, өзүңүздөр айтмакчы «алтын шилекейди чачыратып», сөздү сөзгө куюлуштура шатыратып, аңгеме куруп берүүгө макулдук берген ак таңдай акын Сизге жана ушул жолугушууну уюштурууга демилгечи болуп ишке ашырып жаткан алыскы Фин өлкөсүнүн Келсинкисинде жүрсө да жүрөгү «кыргызым-кыргызым» деп соккон «Кыргыз көчүнүн» Көч башчысы Асыран мырзага көчмөндөрдүн атынан, көчмөндөрдүн аксакалы катары ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер!

5«Төкмө акын Жеңишбек келет, ар кандай кызыккан суроолорго жооп берет!..» – деп Асыран мырза айткандан бери бир жумадай болуп калды, «Кыргыз көчүндө» болуп көрбөгөндөй шаң! «Кыргыз көчүндө» эмне болуп жатат?» – дешип, башка тайпадагылар аң-таң! Суроо берүүчүлөр суроосун тандап, тилек айтуучулар жакшы тилектерин камдап, даяр турушат.
Мен болсо Сизге бере турган суроомду өз кезегим келгенде берермин.

Азыр эми:
Куттуу болсун бүгүнкү кечиңиздер,
Зарыл иштин баарынан кечиңиздер.
«Кыргыз көчү» айылында бүгүн майрам,
Кыйшактабай бул жерге жетиңиздер.
Суроо берип, каалоо айтып Жеңишбекке,
Сырын угуп, ырын угуп кетиңиздер.
Анда эмесе төкмө менен жолугушуу,
«Ачык!» – деймин. Уруксат этиңиздер!
Баса,
Башка тайпа жарандары, калба «жашып»,
Көрөм дебе чоң төкмөнү «дубалды ашып!»
Көчмөн пейли кенен билсең, кел, келе бер,
Бүгүн бизде баарыңарга эшик ачык!

Эмесе, «Көч байланышын» баштадык!!!
Тартипти сактап, тизмедеги кезек менен суроолорду бере бериңиздер!..

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР
Ырахмат Сизге Асыран,
Ыр сүйгөн элдин атынан.
Кыйын болгон сыяктуу,
Кыйытып суроо бергенге,
Кыйындарды чакырам..

0000000049Чынара САРБАГЫШОВА. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсыңбы, иним! «Кыргыз Көчүнө» куш келипсиң!
Байыркы элиме бабалардан калган сейрек өнөрдүн ээсисиң. Ошол өнөрүң менен көп ийгиликтерди багындырып, элиңдин жүрөгүнөн орун алдың. Өтүп бара жаткан бул жылда да уучуң кур эмес. Ошол ийгиликтериң менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Менин суроом: Өткөндө «Бул жарыктык молдолор менен акындар окшош калк болушат экен» деп пост койдум эле. Кээлер бул экөөнүн ортосу асман менен жердей деген пикирлерин калтырышты. Буга сенин көз карашың кандай? Эгер экөөндө жакындык болбосо, экөөнү бир жүрөккө кантип сыйдырып келүүдөсүң?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Ырахмат каалооңузга! Молдо деген бул атайын ислам билимин алган адамды айтабыз. Бизде намаз окуп калганды: «аа молдо болуп калдыңбы?» деген туура эмес түшүнүк бар. Жөн гана ибадатын кылып жүргөн адам ал жөн гана мусулман. Өзү мусулман болуп туруп, милдетин аткарган мусулманды молдосуң деп какшыктайт. Баары тең түшүнүк жоктугунан келип чыгып жатат да. Мен мусулманмын ошол мусулманчылык милдетимди аткарып жүргөн мусулман кыргызмын. Сиздин кандай мааниде жазганыңызды окуй элекмин. Балким окуп туруп дагы жооп берермин. Чыныгы молдо акыйкатты айтат. Чала молдо акыйкатты жомоктотуп элди качырып айтат. Чыныгы акын да акыйкатты айтат. Чабал акын тунук жеткире албай элди иренжитет. Окшоштугу ушунда жана экөөнүн тең Кудайга деген ишениминде. Мисалы бир аалым динде ааламдын жаралышын баян кылып кара сөз менен элге жеткирип жүрсө, аны Жеңижок акын термеси менен эле айтып койгон. Акындын акыйкат айтуусу таасирдүүрөөк деп ойлойм эгер сөздүн күчүн пайдалана билип жана айткандары менен өзү да жашай билсе..

ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ. Мен Өзгөндүн Кара Шоро аймагынын Арагөл айылынан болом. Кесибим: мугалим жана юрист. Ассалому алейкум, Жеңишбек иним! Кыштан тынч, эсен-аман, кыйналбай чыгып атасыңарбы?
Учурашуу жана суроо берүү терме менен терип:
Куш келипсиң акын иним!
“Кыргыз Көчү” айылына.
Залкар акын келет дешип,
Кабар кылдык баардыгына.
********
Термени терип баштадым.
Тулпарды шашпай таптадым.
Күткөнүм Улуу акын деп.
Ыр дүйнөңө аттандым..
********
Жараткан берип талантты.
Ыр менен нечен таң атты.
Чеги жок төкмөң океан,
Чакырып элди баратты.
********
Акын деген ким болот?  1-суроом.
Кантип ага ыр толот? 2-суроом.
Төкмөнүң көркү эмнеде? 3-суроом.
Ыр чыгат кандай пендеде? 4-суроом.
*********
Тилиңдеги келмени,
Алла Таалам бериптир.
Келмеси жок акынды.
Неге баары жэриптир? 5-суроом.
********
Чыгаандыгың билемин,
Кабыл болсун тилегиң!
Аллага өзүң жакынсың,
Нееге келет илебиң? 6-суроом.
**********
Ыйманың дайым саламат,
Аллага өзүң аманат!
Кандай инсан чынында.
Аллага жакын баралат? 7-суроом.
********
Баракелде акыным,
Эл-Журтума жакыным.
Оболой берсин талантың,
АШЫРЫП ДАЙЫМ АКЫЛЫН!

Балли, балли залкарым.
Ушул эле айтканым.
Шүгүр деймин Аллага.
Өзүңсүң бүгүн тапканым!
**********
Сак-саламат жүрө бер,
Элиңе жанып күйө бер!
Океандай термени,
Эл-Журтуңа үйө бер!

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Калмамат агама жооп.
Калмамат агама айтайын,
Какылдабайм ай сайын.
Калың элдин кашында,
Кадырыңызды байкайын.

Алейкум салам!Ырахмат,
Айылым аман,бүт аман.
Суктанткан алгач негизи,
Суроо берген сиз аман.

Мен болсо жүрөм акырын,
Мезгилдин тыңшап басыгын.
Көр турмуш чайпап калганда,
Көбүнө жетпей акылым.

Акын деген -дарыя,
Агып турган ыр курап.
Чырм этип уйку албаган,
Чындык үчүн чыркырап.

Көктөн илхам келгенде,
Көкүрөккө ыр толот.
Кайнап чыкса айткын деп,
Качалбайсың шылтоолоп.

Өзгөнүн сыны жыйында,
Өпкөнүн ыйы чылымда.
Төбөлдөн коркпой төгүлгөн,
Төкмөнүн көркү ырында.

Ыйык келмени Жараткан,
Ылайыктап айт деген.
Жээрилсе кээ бир пенделер,
Тараза демек калк деген.

Баткагына күнөөнүн,
Батпайлы деймин тизеден.
Аллага жакын себебим,
Аны менен билем,ишенем.

Күүлөнсө канат экөөсү,
Куш учуп жерге коно алат.
Акылдуу илим билимдүү,
Аллага жакын боло алат.

Жараткан сизди колдосун,
Жамандыгыңыз болбосун.
Төрт миңден ашып кыбыраң,
Төрүңүздө ойносун.

Арагөлдө жашаган,
Тобуңузга баралы.
Токсондо улак тарттырып,
Тоюңузга баралы.

ээ 9Насыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаарынан, КР.  Саламалейкум байке. Ден соолуктарыңыз жакшыбы? Байке, манасчылар деле акын болот дешет го?. Бу акындар деле манасчы болсо болобу? Негизи Манас айтып, же Манас айтканга кызыгып көрдүңүз беле? Сиз айтсаңыз жакшы айтат болушуңуз керек?.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.
Алейкум салам Насыпбек.
Агаңа айттың азык кеп.
Манасчы болуп кетем деп,
Мактана албайм ачык кеп.

Кез кезде айтып калабыз,
Кеп чынын кантип танабыз.
Куюлтуп Манас айтканга,
Курсактагы балабыз.

Акындан деле Манас айтып жүрүшөт бирок деген жери бар..
Манасчыдан деле айтышка катышты бирок бизден кеми бар..

АзиретАзирет КЕЛДИБАЕВ. Санкт-Петербург шаарынан, Оруссия. Ассалом алейкум. Баарыбызга Аллахтын мээрими жана ырайымы болсун! Жеңишбек байке, эгер төкмө болбой калганыңызда Ким болмоксуз? Рахмат!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.   Алейкум салам Азирет!
Он беш жашымда Нарын театрга пародист сатирик болуп кабыл алынгамын. Залкарлардын концертинде жалаң алып баруучу болуп элди күлдүрүп жүрчү элем. Тагдыр экен акындыкка аралышып акын болумуш этип жүрөм. Бирок азыр ойлоном да акындыкты насип кылган Кудайыма шүгүр дейм. Бир улуттун улуу өнөрүн алып жүрүш дагы өтө оор жоопкерчилик деп түшүнөм. Ага болбой эгер акын болбой калганымда..
Жетине албай шыр төккөн,
Жети күнү ыр төккөн.
Каардуу менен арбашкан,
Казак менен кармашкан.
Ааламдын угуп дабышын,
Алперген элдин намысын,
Кайра эле акын болмокмун

А МанатМанат БООБЕКОВА. Бишкек шаарынан, КР. Жеңишбек мырза, көрүү жагынан чектелген таланттууларга кандай шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүгүң бар?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Манат эже, саламатсызбы. Биринчи Жараткандан Сизге чың ден соолук, тилеген тилектериңиз кабыл болушун сурайм. Сиз айткан маселе ойлоно турган иш экен. Мен түшүнүп-түшүнбөй калышым мүмкүн. Эгер Сиз ушундай ылайыктуу шарттар болсо деп сунуш кылсаңыз колумдан келген жардамды берүүгө даярмын. Кеңеше турган адамдар да бар дегендей.
Манат БООБЕКОВА. Чоң ыраазылык Жеңишбек мырза. Ал шарттардын бири мамлекет тарабынан эмгегине карай колдоого алуу. Инклюзивдик абалдагы ыр жазган азиздердин ыр жыйнак китебин чыгарууга көмөк болсо деген ой тилек болчу.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Макул. Ыйман фондусу бар. Мен кайрылайын, китепке жардам беришет деп ойлойм.

сатыкеСатывалды САЙПИДИН Уулу. Маскөө шаарынан, Оруссия. Ассалому алейкум Жеңишбек мырза. Силерди, Кудай берген талантты бийик коюп, бийлик мыкчыгерлеринен коркпой болгонду болгондой айткан, Жеңижок менен Эшмамбеттин талантын улантуучулар, алп акын Арстанбектин урпагы катары билем. Тээ көптөн бери көңүлдө жүргөн суроомдун жообун тапканга жардам берет деп ишенемин. Жан дүйнөмдү кыйнаган жалгыз суроом: «Адам уулу канткенде «АДАМ» болот?»
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.   Сатыбалды, алейкум салам!
Айтматов атабыз издеген жоопту Жеңишбек бечара табалар бекен?..
Үч суроого жооп тапкан адам чыныгы адам боло алат дейм ойлойм.
Кайдан келдим?
Неге келдим?
Кайда барам?
Сен берген суроо эми жалпылап берилген суроо да. Адам болуп жашап жаткандар деле жок эмес. Тилекке каршы алардын аз болгонунда жана адам боло албай жүргөндөрдүн түшүнбөгөнүндө.
Кожо Насирдинден сурашкан тура: «Сөөк салынып бараткан табыттын оң жагында баскан жакшыбы же сол жагында баскан жакшыбы? – деп. Ал айтат дейт : «Кайсы жагында баскан жакшы экенин айталбайм, бирок ошол табыттын ичинде болбогонуң жакшы» – деп. Ал сыңары кандай жашасак да айбан болбой адам болуп жашаганга аракет кылганыбыз жакшы.
Билбесе да билсе деле бакырган,
Бул дүйнөдө толуп жатат акылман.
Бирөөлөр бар эч ким деле тааныбайт,
Бирок аты асмандарга жазылган..

0Мусакун САТЫБАЛДИЕВ. Каракол шаарынан, КР. Жеңишбек, Мекенчилердин «Кыргыз Көчү» тобунун «Көч байланышына» куш келипсиң. Кирип келаткан Жаңы Жылың менен алдын ала куттуктайм! Жаңы жылда жаңы-жаңы чыгармачылык ийгиликтериң мол болсун! Эми мени түйшөлткөн суроом бирөө эле, ал төмөндөгүдөй:
Кыжаалаттан мен кыйналып келемин,
Жыртып алдык ыйман, ардын элегин.
Канткенде эми толтурабыз кайрадан,
Жан-дүйнөнүн бошоп калган челегин?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Мусакун агама жооп.
Куттуктооңузга ырахмат. Сизге дагы баардык бакытты каалайм.
Бир мамлекеттин келечегин көргүң келсе алардын жаштарына көз чаптыр дейт. Биздин жаштар жалпысынан жакшы жолго акырындан түшүп баратат деп ойлойм. Мен сыртка чыкканда зээндүү ыймандуу мекенге күйгөн кыз-уландарды көрүп жүрөм. Эгер биз өзүбүз аткарбаган нерсени балдарыбызга айтканыбыз таасирсиз. Ар кимибиз өзүбүздөн баштасак ал сөзсүз айланага таасир берет. Андыктан үйдө, бакчада, мектепте эң мыкты адеп ахлак берилиши керек. Ал үчүн айланып келип эле милдет бизге түшөт. Ар бир ата эне милдетин сезип мекенге келечекке сүйүүсү артып оңолсо коом оңолот. Коом оңолсо анан башчыларыбыз оңолот.Аракет кылсак баары жакшы болот деп ойлойм.
Бул турмушуң азап жана салтанат,
Баары сиздей кыйын экен байкамак.
Көп билгендер аз билем деп толгонсо,
Көп билем деп аз билгендер айталат.

Күнөө кылсак кетет тура айлабыз,
Көкүрөктө бүлүк түшүп,ар намыс.
Алып калыш таза бала чакасын,
Ар адамдын ыйманына байланыш.

ээ 62Гүлжакан МАВЛАНОВА. Бишкек шаарынан, КР.  Куш келипсиң, Жеңишбек иним. Эл сүймөнчүгү өзүңө, үй-бүлөңө тынчтык каалайм. Кыргызда, деги эле өнөр ээлеринде «аян» деген түшүнүк бар.
1. Элжиреген эргүү аян менен келген учурлар болобу?
2. Эртең менен турганда жана жатаарда кандай тилек айтасыз, рахмат.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Гүлжакан эжеке ырахмат. Өнөр берилген адамга илхам берилет экен. Кыргыздар түш көрүп ошол түшүн аян деп туура эмес атап алышкан. Мен маанисин айтып жатам.Көзү ачыктар кээде жиндердин шыбыраганн мага Кудайдан аян келип атат деп адашып жатышпайбы. Мага эргүү гана келет. Бирок түшүмө бирөөлөр келип: «ушуну айтпасаң өлүп каласың» дей элек. Ал эми түш көрүү, түш жоруу бул башка маселе. Аян Кудайдан периштелер аркылуу гана пайгамбарларга келе турган улуу сыр. Саякбай аксакал түшүндө бирөөлөр бир ууч буудай берип анан Манасчы болуп калган экен айтымында. Бул болгону жакшы түш. Азыр дагы бир Манасчы киши айтат дейт: «Түшүмдө бирөөлөр мага эки кап буудай берди» – деп. Саякбай бир ууч берсе, ага эки кап берсе Саякбайдан да кыйын экен деп күлүп жүрүшкөн.
Мен эртең менен таңкы намаз окуйм. Артынан дайыма мекениме элиме жалпы ааламга жакшылык тилеп суранам. Жатаарда өзүм үчүн жакындарым үчүн жана жалпы адамзат үчүн Алладан кечирим сурайм.

Элнура ЭЭлнура ЭҢСЕБАЕВА. Калининград шаарынан, Оруссия.
Ассалому алейкум!
Калкыма айтам саламды.
Көчмөндөрдүн коногу…
Жеңишбек байкем аманбы?
Эл катары мен дагы,
Суроо бере аламбы?.

Акын менен төкмөнүн,
Айырмасы эмнеде?
Төрт сап ыр жазса эле,
Акын болуу эп беле?

Жеке пикириңизди угайын,
Кошумча суроо сунайын.
Маданияттан сүйлөңүз…
Андан да бир аз сурайын.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.    Алейкум салам, Элнура!
Ырахмат кылган сыйыңа,
Ырахмат жазган ырыңа.
Бактылуу өмүр сүрө бер,
Байланып бакыт нуруна.

Айтма акын деп мени айтат,
Жазма акын деп сени айтат.
Кимиси акын ким төкмө,
Кулак салган эл айтат.

Негизи бизди төкмө дейт,
Эл көнүп калган акын деп.
Жаандай кеткен ырларга,
Жан дүйнөсү жакын деп.

Төкмө деген так айтсам,
Төп жорго улуу Жеңижок.
Алыкул, Жоомарт акындар,
Арабызда эми жок..

Айтмырза (2)Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Бишкек шаарынан, КР. Эми кезегим келди, суроомду берип калайын. Илгери Жоомарт Бөкөнбаев улуу Токтогул туурасында: “Конуп отурган куш кандай жеңил учуп кетсе, Токтогулга төгүп ырдап жиберүү ошондой жеңил болгон”, – деген таризде кеп кылганы бар эле. Куштун жеңил учуусу үчүн Жаратканым атайы канат берген эмеспи! Анын сыңарындай эле төкмөгө да төкмөлүк касиетти ыроолобогон болсо, кайдан төкмө чыкмак эле… Антейин десең тоокко деле канат берген го, бирок, көктү көксөгөн менен уча албайт. Тамдын башынан таштасаң, жерге чейин канат серпимиш болот, буту гана сынбай калганы болбосо…
Эми суроолор?
1. Төкмөлөрдүн да куштары, тооктору барбы? Болсо алар кандай аталышат? Сиз качантан бери өзүңүздү төкмөлөрдүн куштарынын арасында экендигиңизге көзүңүз жете баштады.
2. Сиз кандай шартта төгүлө төгүп ырдай аласыз да, кайсыл учурда даяр саптарды пайдалана баштайсыз?
3. Биз, жазмачылар, бир чакан ырды, апыртып айтканда, кээде эки-үч ай оңдоп-түздөгөн учурубуз көп эле кездешет. Сиздерчи?

Жоопторуңузга алдын ала ырахмат айтуу менен, талантыңыз ташкындап, эл-журтуңузга төгүлүп ырдап жүрө беришиңизге тилектештигимди билдиремин! Сизден оомат кетпесин!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Айтмырза агама жооп.
Мен сүрөтчүлөргө таңгалам. Бирдемелерди чиймелеп койсо эле окшошуп калат. Алар бизге таңгалат кантип төгүп жатасыңар деп. Бир гана туура жооп-Кудайдын ар кимге энчилеп берген өнөрү бар. Эми ал өнөрдү туура пайдаланыш ар кимдин өзүнүн колунда.
Төкмө жана жамакчы болуп бөлүнөт.
Мен каалаган учурда ырдай алам. Ошол төгүп баратып учурга туура келген өткөн төкмөлөрдүн саптарын колдонуп кеткен учурлар болот.
Мисалы:
«Барпы акын айткандай
Эки жилик эт жесең,
Бир каргыш бир май.
Эки агаин туугандын,
Бир кедей бир бай..» – дегендей.
Биз төгүп ырдаганыбызды эфирден көргөндө «ушул жерин мындай айтсам болмок экен» деген учурлар болот негизи.
Өзүмө келсем чыныгы төкмө боло элекмин деп ойлойм. Көп учурда ырдагымдан уялып да кетем.
Кыйкырып ырдаш кеппи деп,
Кызыкты көрөр кезби деп.
Кыйраткан мактаныч айталбайм,
Кырларга үнүм жетти деп.

Келечек эшик кең ачсын,
Калк үчүн маңдай тер аксын.
Кыйшыкты түзөөр башынан,
Кыйынды калыс эл айтсын.

7Максат АЗАМАТОВ. Тапиола шаары, Финляндия. Атсаломалейкум Жеңишбек байке! Акындар, төкмөлөр спорт менен машыгабы? Эгер машыкса спорттун кайсы түрүнө жакын келишет? Чынында сиздер сахнада (ринг) тил, сөз менен айтышып «мушташасыздар». Ошол «мушташка» чыгаарда сөз жаттап, машыгып катуу дайарданасыздарбы?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Алейкум салам, Максат.
Бизде ар кандай спорт. Амантай саркашка-арбашка спорт менен машыгат. Сапар акын күлүп машыгат дегендей. Тууганбай Абдиевдин жакшы сөзү бар. «Төкмө акындын университети досторкондун эле чети» деген. Элге көп ырдасак ошол биздин такшалуубуз. Айтышта болсо кимге туш келериңди билбейсиң да. Кандай тема козголорун да билбейсиң. Даярдыгыбыз эле ошол ой топтоп, ойлор аркылуу гана даярданмай. Жаттап койгон термелерин кээде колдонгон деле акындар бар. Бирок жаттап даярданган жагынан казак туугандарга жетпейбиз.

7Рахат ТАШТЕМИРОВА. Ханты-Мансы автономдук округу, Белоярский шаары, Оруссия.  Саламатсызбы? «Кыргыз көчүнө» кош келипсиз агай! Мен берейин деген суроолорум төмөнкүчө, алдын ала ыраазычылык билдирем!
1. Кудайдан берилген төкмөчүлүк өнөрдүн зыяны да тийбей койбогондур?
2. Кыргыздардагы ислам динине чейинки диний ишенимдерине болгон көз карашыңыз кандай?
3. Үй-бүлөнү кандай түшүнөсүз. Сиздин үйдө «казан-аяк кагышабы?»
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Рахат Таштемирова айымга жооп.
Кудай сактасын, зыяны тие элек, пайдасынан башка. Бир жолу Азамат экөөбүз менин концертимде ырдап атып мен: «Токтогулдан суу жоголду ким көрдү?» – деп ырдагам тамаша кылып. Анан эфирден кеткен. Ал кезде Эшимканов директор болчу. Концертимди тарткан режиссер Сагын Ниязалиева эже ыйлап чалат: – «Эмнелерди ырдагансың? Мени жумуштан кетиргени жатат» деп. Анан мага да бирөө чалды: «Эмне, Токтогулдун суусун сен текшерип калдың беле? Сүйлөшүп койолубу, тиги-бу» деп. Орозбек Молдалиев агага жолугуп калып айтсам. «Эми булар ушинтет, бирок эч нерсе кыла алышпайт» деди. Ушул окуядан башка эч деле терс нерселер боло элек. Болбой эле койсун.
Жеке эле кыргыздардыкы эмес ислам келгенге чейин бардык элдин ишеними ар кандай болгон. Кыргыздар деле бир Кудайдын бар экенине ынанып жашап келишкен. Болгону, ортомчу кылышып ар нерсеге сыйына беришкен да. Ислам болсо туура сыйынуунун жолун дагы көп улуулуктун өзөгүн алып келди. Үйдө болсо, азыр казан-аяк кымбаттаган сайын кагыштырбай деле калганбыз..
Бирде күлүп бирде туруп капамын,
Бирок дайым ичиндемин батанын.
Үмүтүмө үмүт кошуп колуктум,
Үч кыз менен эки уулга атамын.
Ыйман менен күндө жаңы көрүшүп,
Ырыскыны үй бүлөмө бөлүшүп,
Ырым менен багып келе жатамын.

ээ 30Лира КАМЧИБЕКОВА. Аксы районунан, КР.  Саламатсызбы Жеңишбек байке, Кутман кечиңиз менен! Сиздин чыгармачылыгыңызды бийик баалаайм жана таазим этем. Сизге берилчү жөнөкөй суроом төмөндөгүдөй, жана баарына ачык жооп бересиз деп үмүттөнөм:
1. Жеңемдин (жубайыңыздын) башка аялзатынан айырмаланган артыкчылык сапаты бар деп ойлойсузбу, болсо эмнеде? Жана ага, алгач сезимиңизди кантип билдирдиңиз эл?
2. Сизге акындык талантыңыз канча жашыңызда байкалды эле, жана эң алчкы ырыңыз эсиңизде болсо айтып бербейсизби?
3. Тили тизесине жеткен төкмө акындарыбыздын арасынан кимиси менен ырахат алып айтышасыз?
4. Элдин эле эмес, сахнанын да көксөөсүн кандыра ырдаган Жеңишбек акындын , Кыргыз Маданиятынын кай жеринен көксөөңүз толбой келет?.
Алдын ала ырахмат! Үй-бүлөңүзгө эсенчилик каалайм!  Сизге терең урматым менен!.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Лира айымга жооп.
Ыймандуу болсо алганың,
Ыймандуу өсөт балдарың.
Аялзат үйдө мугалим,
Аялуу назик ардагың.
Кабырганы түздөйм деп,
Кабанак кылып албагын, дегендей..
Жубайымдын ыймандуу болгонун жана иштермандыгын жактырам. Баш кошкондон бери эч жерде иштеген жок айлыгын өзүм берип келе жатам. Бактылуу ыймандуу кылып энелик мээрими менен балдарымды тарбиялап келе жатат. Мен үчүн бул чоң бакыт. Алгач автобуста таанышып, элчилеп «сүйөм» дебей эле үч айдан кийин сени алам деп айткамын. Үч айдан кийин барып үч күн сүйлөшүп он жети жашымда үйлөнүп алгамын.

Мектепте, кичине кезде ырларды которуп пародия кылыпырдай берчүмүн.
«Сен менен бак аралап баскым келди,
Сен менен кең асманга учкум келди.
Сен менен үйгө кирип тамак ичип ай,
Эшикке чыгып алып кускум келди»..
Айтор балалык сезим менен ой келди ырдагам да..
Көбүнчө Талант, Элмирбек анан Аалы менен ырдашканда ырахат алам.
Эми маданиятка көңүл бурабыз деп атышат. Бир жакшы жаңылыктар болоор деп ойлойм. «Маданият өлдү» деп өкүргөндөрдүн колунда да азыр. Тирилип калар буюрса.

0000000011Бермет БАЙКЕЛОВА. АКШ, Нью Йорк, Манхеттен. Саламатсыңбы, Жеңишбек иним! Көп жылдан бери жолукпай жүрүп бүгүн «Көч байланыштан» жолукканыбызга абдан ыраазымын. Келе жаткан жаңы-жылың менен куттуктайм, чооң ийгиликтердин жылы болушун каалайм! Акын болуу өтө оор, татаал кесип жана өзүңө окшоп эл купулуна толгон жакшы акын болуу андан да оор. Өнөр кесибинде ырчы-чоорчулар сахнага даяр чыгармасы менен чыгышса, акындар ар дайым сахнада улам жаңы чыгарма жаратасыңар. Ал үчүн абдан чоң күч таланттан да сырткары керек деп ойлойм. Мына ошол күч эмне, аны кайдан жанан кандайча топтоп аласың?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.   Бермет эжеге жооп.
Ырахмат эже,менде байлашканыма кубанычтамын.
Таланттан сырткары дагы күч бул китеп окугандан анан көп толгонуп аракет кылгандан деп ойлойм. Кээде таппай жүргөн нерселериңди китептерден таап анан аны бышырып туруп элге сунсаң тим эле укмушта. Аракет кылып туруп негизги күчтү Жараткан өзүң бере көр деп жалынмай.

ээ 84Райкүл АЙДАРАЛИЕВА. Бишкек шаарынан, КР. Жеңишбек иним, дегеле «Кыргыз Көчү» деген аталышка, кылым карыткан кыргыздын ушул өтө жагымдуу, мурас катары кабылданып келе жаткан сөзүнүн маани-маңызына сиздин түшүнүгүңүз кандай? Ыр менен төгүп жооп бере аласызбы? Рахмат.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Райкүл эжеге жооп.
«Кыргыз Көчү» – нукура, так, даана, кыргыздын баскан тарыхын билдирип турган сөз деп билем.
«Кыргыз көчү» баскан тарых,
Кылымдарга дастан тарых.
Ата баба жγрок толгоп,
Ат чаптырып айткан тарых.

«Кыргыз көчү» албан тарых,
Кылымдарга калган тарых.
Урпактарың унутушса,
Улут үчүн арман тарых.

«Кыргыз көчү» көчкөн тарых,
Кыл жолдордон өткөн тарых.
Башы кетип мекен үчүн,
Бабаң жашын төккөн тарых.

«Кыргыз көчү» муңдуу тарых,
Кызыл тилде ырлуу тарых.
Башка улуттун башы жетпес,
Бабам берген сырлуу тарых.

ТемирланТемирлан АКНАЗАРОВ. Бишкек шаарынан, КР.  Ассаламу алейкум!
Атактуу ага Жеңишбек.
Айтайын деген суроом,
Азырак бир аз этиш кеп.
Чыгарма сизден сурайын,
Чыгарсаңыз угайын,
Алдуусуз элге көп иштеп.
Айтыштын нугун негиздеп.
Апам бар менин кашымда,
Алтымыш сегиз жаштагы.
Ар дайым ойлоп түйшөлөм,
Арманы көп баштагы.
Бизди аяп татаал күн болгон,
Армандуу болуп жаш чагы.
Агарып калган оо эчак,
Карагаттай чачтары.

Калсам да мейли өзөрүп,
Койсомбу көңүл көтөрүп.
Деген түркүн ойлорду,
Тизмектейм сайма чөгөрүп.
«Сюрприз» болсун апама,
Сураарым сизден көгөрүп.

Ырдап берип коюңуз,
Үч куплет апама.
Ыраазы болуп кол жаяр,
Кабыларсыз батага.
Батасы тиер Кудайдан,
Сиз күткөн бала-чакага.

Өзүңүз айткан сыңары,
Акындын көркүн эл ачат.
Агылбай көлчүк суу турса,
Арыктын нугун сел ачат.
Сиз терген термелерди да,
Апам, такай угуп келатат.

Кубантып анда бериңиз,
Келтирип бир аз төгүңүз.
Кейитип алган апама,
Күч кубат берер кебиңиз…
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Темирлан мырзага жооп:
Алейкум салам Темирлан,
Айта турган кез келди.
Аалам тордогу баарысы,
Акын болуп кеткенби.
Телмирбей байке төкчү деп,
Темирлан мени текшерди.
Апаңды багып жатканың,
Анда сен бейиш тапканың.
Азамат дайым ушинтип,
Аздырган кепти айтпагын.
Күлдүрүп алып батасын,
Күнү-түнү барктагын.
Эми апабызга арнайын,
Ырдап бер окуп ар жагын.
Энеке сизге айтарым,
Эч болбосун арманың.
Бактылуу кары экенсиз,
Бапестеп турса балдарың.
Алтымыш сегиз жашыңыз,
Андан да ары басыңыз.
Жел суукту тоготпой,
Жетимиштен ашыңыз.
Сексенге туура чыкканда,
Чар тарапка той берип,
Чакыруу билет жазыңыз.
Кол сунуп эсен болуңуз,
Куда сөөк,досторго.
Жарышып келин-кыз менен,
Жашыңыз барсын токсонго.
Ойлогонуңуз бүт болсун,
Ой кырсыз жолуң түз болсун.
Балдарыңыз дайыма,
Колуңузга кол болсун,
Бутуңузга бут болсун.
Жамбылдан ашып буюрса,
Жашыңыз апа жүз болсун.
Керек болсо мына деп,
Жүз онго чыгып коюңуз.
Кадырлуу кары аталып,
Калк ичинде болуңуз.
Жүз жыйырмага жеткенде,
Жүдөттө бербей Темирли,
Шыдыр болсун жолуңуз

ээ 64Эрлан НУРМАМБЕТОВ. Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы эл-журттун Сүймөнчүгү Жеңишбек ага. Сизге жаңы жылда жакшы ийгиликтерди каалоо менен 2 суроо узаткым келди.
1-суроом: Сиз аркалаган акындык өнөрдө элибиз акындарды 3 түргө бөлүшкөн.
Ошол 3 түрдүү деңгээлдеги акындар кандай болот жана кандай аталат айтып берсеңиз. Жана өзүңүздү кандай акынмын деп айта аласыз?.
2-суроом: Илгери кыргыз хандары өнөр адамдарын, өзгөчө акындарды абдан аздектеп сыйлап келген. Ал тургай хандар да акындарга үйдүн төрүнөн орун берип, анан үйгө өздөрү кирчү. Бүгүн казак ажосу да ушундай дешет. А биздин чиновниктердин кимисинен ушул жөрөлгөнү байкайсыз?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Эрлан мырзага жооп.
Ырахмат Эрлан. Сага дагы жакшылыктарды каалайм. Биринчи сурооңо жогору жакта жооп берген элем. Убакытка байланыштуу экинчи сурооңо жооп берейин. Илгери, ооба ошондой болгон. Бизде азыр төрөлөр жеке той берсе чакырышат. Арасында сыйлап төргө отургузуп сыйлагандары деле бар үйүнө барып калганда. Казактын президенти негизи эле өнөргө жакын экен. Бир эки айтышка да катышкан деп уккамын. Өткөндө барып ырдап келдим жакшы кабыл алды. Дагы өнүксөк,маданият көтөрүлсө улуттук өнөрдү да түшүнгөн төрөлөр чыгат деп ойлойм. Азыр бардык жактан ой басып там туң баскан баладай болуп турганыбыздын себеби тийип жатса керек деп сооронуп туралы.
Эрлан НУРМАМБЕТОВ. Бүгүн атайы кыргыз өңүн таап 1-суроомдун жообун сизге айтайын кечээ шарт болбой калды эле. Элибиз акындарды 3 кө бөлүшкөн. 1- алтын жаак, жез таңдай, булардын ыр көрөңгөсү абдан бийик. Сөздөрү куюлушуп 1 айда да бүтпөйт. Бирок, бул ырчылар акындыктан да Манасчылыкты 1-орунга коюп, көбүнчө Манас айтышат. Төкмөлүктү кийинки орунда көрүшөт.
2-акындар булар кара жаак, кайкы тил деп аталат. Булардын ыр көрөңгөсү азыраак болгондуктан Манас баш болгон дастандарды айта алышпайт. Негизинен төкмөлүк кылышат. А 3-лөру жамакчылар Агай, сизди ушундай жооп береби дедим эле. Өзүңүз Манасты айтсаңыз анда 1-түрдөгү акынсыз, болбосо сиз кара жаак, кайкы тил төкмөгө кирип калат экенсиз.

ээ 17Чынара КАЛЫБЕКОВА. Бишкек шаарынан, КР.   Саламатсызбы, Жеңишбек мырза? Мен искусство адамы катары сиздин эмгектериңизге ар дайым көз салып, канааттанып келем. Ошондой эле сизди маданият майданында маңдай тери менен көрүнгөн төбөсү төрттүн бири деп билем! Сизге ден – соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетүү менен, бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизге бере турган төмөндөгүдөй суроолорум бар.
1. Учурдагы маданиятыбыздын аксак жүрүшү сизди канааттандырабы?
2. Кандай болгондо биз маданиятыбызды көтөрө алабыз?
3. Маданиятыбызды көтөрүп кетчү адам деп кимди көрсөтө аласыз?
4. Кыргыз маданият – искусствосун көтөрүш үчүн маданият кызматкерлерин эмнелер менен камсыздандыруу керек?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Чынара эжеге жооп.
Ырахмат эже жакшы тилектериңизге.
1. Өзүңүз жазып жатпайсызбы,маданияттын аксак жүрүшү деп. Демек мыкты деп айтыш кыйын.
2. Мамлекет жакшы көңүл бурса эле көтөрүлөт го дейм. Өнөр адамдары жаш баладай да. Жакшы дем күч татыктууларына сыйлык наамын берип, министрдин колуна көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берсе деген ой. Биздин министр өзү жалгыз баарын чече албаса керек деп ойлойм.
3. Аракет кылгандар бар, шүгүр. Садык Шернияз, Карганбек Самаков жана өз киндигин өзү кескен кино жана театр режиссерлор айлыгына чыдаган актерлор, ж.б.
4. Акча каражаты жакшы бөлүнүшү керек. Сыйлык наам туура берилиши керек. Маданият үйлөрү оңдолушу керек. Ушу 25 жылдан бери спорт ордого ырдап келатабыз. Ал жер айла жоктун иши да. Жалгыз Филармония, миң орун ал дагы. Кошуналардыкындай кенээн, сонун бир концерт зал салалбай коюшту. Эми айта берсе көп. «Залкар» деген көзгө басар адамдар жатаканада жашап жүрсө..
Чынар КАЛЫБЕКОВА. Жеңишбек мырзанын жообуна абдан кубандым. Деген менен таамай берилген жооп болду. Чыгармачыл адамдарды баардык жактан көтөргөн кезде Маданияткөтөрүлөт. Маданиятка «Маданият» деп ооруган ИНСАН керек.
Залкарлардын өлүгү жатакана менен батирлерден чыгып жатканын эң биринчи Мамлекет ойлонуусу керек..

ээ 74Тазагүл ПРАТОВА. Ош шаарынан, КР.  Ассаламу алейкум? Көптөн берки орчундуу жана олуттуу маселелердин бири болгон миграция маселесине кандай карайсыз, дегеним акыркы учурда анын оң жагынан терс жактарын аябай көп кездештирип жатабыз, мисалы жарым-жарты үй-бүлөлөр көбөйдү, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн кыргыздарга эмне зарыл деп эсептейсиз?
Удаалаш суроом: Ак менен караны айырмалап ажырымга бөлүшөт, эмне, «каранын» «актай» ыйыктыгы жокпу, не?! Дегеним, «карадан» да пайда таап, жакшы нерселерди алган учурлардан айтып берсеңиз?…
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Тазагүл айымга жооп.
Алейкум салам. Кайран кыргыз айла жоктон сыртка акча табайын деп кетип жатышат. Акча таап, байып, пайдасы тийгендер да көп. Мен башынан кыздарыбыздын жалгыз кеткенине каршымын. Акча табат деп жиберип койгон ата-энесине, байкесине, инисине таңмын. Биз кыргыздар кыздарыбызды деги эле аялзатын алпештеп гана турушубуз керек. Аялзат бакытты өз үйүнөн табат. Күйөөсүнүн жанында, бала жытын жыттап, ал балдарга сабак бере турган университет да аялзаты. Эркектердин акмакчылыгынан, аялдардын алсыздыгынан үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Бир келесоо акча табам деп кетип башка бирөөнү таап алып, балдарын, аялын таштап койгондор толтура. Баары келип ыйманга такалат экен. Мына, мен жыл сайын Москвага барып ыйман кечесин өткөрөбүз. Былтыр алты миң кишилик залга киши батпай, укмуш болду. Ошол жерден туура жолго түшүп оңолгон эже агайларды көрдүм. Бир жылы барып жүз кыргыз кызы аборт болгонуна жаман болдум эле. Мамлекет дагы, биз дагы туура иштерди жүргүзсөк улут маселесин, ыйман, тарбия маселесин жеткирсек жакшы болот деп ойлойм. Мага айтып калышат, сенин баланча ырыңды угуп атып арагын, тамекисин таштады деп. Муну мактанып жазганым жок, демек, туура айтыш керек, деш керек, чын ыклас менен күйүү керек. Ар бир атуул жашаш үчүн эмес ,башкаларды жашатыш үчүн жашаш керек деген пикирде болсо сонун болот баары..
Караңгы түндүн пайдасы бар уктаганга, же түн ортосунда туруп ыйлап, ибадат кылганга.

7Айдана ОРОНОВА. Касерта шаарынан, Италия. Өмүрү өңүмдө көрбөгөн айтылуу ак таңдай төкмө акын Жеңишбек Мырзага ийгилик каалоом менен бирге суроом төмөндөгүчө:
Айтыштар башка улуттар арасында болсо кайсы тилде жана кимдер менен айтышка чыгат элеңиз?
Ата бабаныздан калган жана балдарыңызга калтыра турган үй-булөөлүк мурасыңыз?
Акыркы суроом кичине тамашалуу болмокчу..
Түшүмдө Алма-Ата шаарында сиз экөөбүз жүрөбүз.
Ал шаарда бийиик үйлөр, баары тунук, асман андан да тунук, таза. Биз асманды карап алып бир нерсени сүйлөшүп жатыптырбыз. Жооп бериңизчи? Эмнени сүйлөшүп жатканбыз?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.   Айдана айымга жооп.
Башка улуттар менен айтыш болсо, Сороско «миллион-миллион доллар байгеге кой» деп эң кыйыны менен айтышмакмын. Жеңген акчама Кыргызстанга эң мыкты заманбап оорукана жана беш миң орундуу театр салмакмын.
Балдарыма калтыра турган мурасым Пайгамбарыбыз айткандай:
«Ата балдарына туура тарбиядан өткөн мурас калтыра албайт».
Түшүңүз ылайым туш болсун.
Ошондо билесиң, эмне деп сүйлөшкөнүбүздү. Азыр эл укса..

0000000038Керимбек КАДЫРКУЛОВ. Маскөө шаарынан, Оруссия.  Ассалоомуалейкум, Жеңишбек иним аманбы? Жетине албай Маскөөдөн, Агаң айтат саламды!.
Эл катары мен дагы бир-эки суроо жөнөтүп калайын, кеч болсо дагы.
1. Азыркы саясатчылардын оң- тетири иштеринин эң ирилери кайсылар?
2. Тибеттин Далай Ламасы айткан “динди жойуп, адамдык баалуулуктар менен коомду тарбиялоо” деген ойго пикириң кандай?
3. «Кыргыз маданиятынын консепциясы» зарылбы, китеп кылып чыгаруу керекби?
Алдын-ала ырахмат!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Керимбек агама жооп.
Алейкум салам. Оң жагы кумар оюндарынын жабылышы. Тетири жагы кайра чоңдордон колдоого алынышы. Чегара маселесинин чечилбегендери. Жалпысынан бир эле орунда тургандайбыз.
Элдин качан, качан? – деген суроолорунун бүтпөгөндүгү.
Баш кесип тил кеспеген,
Байыртан бабам салты.
Жүдөтөт жан дүйнөнү,
Жүрөктө заман дарты.
Кышында терин аарчып,
Кычырап байлар жүрөт.
Байпагын бүйрүй албай,
Базарда балдар жүрөт.
Оорукчан курсактардан,
Оорукчан бөбөк чыкты.
Айкырып элди бөлгөн,
Абыке,Көбөш чыкты.
Дайныңды таптырбаган,
Даамсыз жыргал чыкты.
Мазгиңди кокуйлаткан,
Маанисиз ырлар чыкты.
Аралаш арам,адал,
Ар жерде арзан базар.
Көчөңдү иренжитип,
Көбөйдү байтал базар.
Кайдыгер деңизине,
Кайыгың чөгүп барат.
Тик сүйлөп киргиздериң,
Тилибиз өлүп барат.
Ырыстуу элден элек,
Ыр айткан кагазы жок.
Жооруду кайран кыргыз,
Жол баштаар Манасы жок..
2. Далай Лама пайгамбар бекен? Кыргызча айтканда байкабай былжырап алыптыр. Адамдык баалуулуктар баарысы динден алынат. Азыркы заманда гана динди жаман көрсөтүү саясаты күч алып жатат да. Террорист десе деле, тиги десе деле динге шылташат.
Мусулман террорист эмес,
Террорист мусулман эмес,
Ичи бузуктар оюн кылышат.
Ислам бирок бузулган эмес,
Демократ ак чачтар көп,
Динди бузуу максаттар көп,
Жөнү башка дили жалган.
Жөөттөрдүн тилин алган,
Дин жамынган акмактар көп,
Билимдүүлөр чыккан жерден.
Бак кетпейт деп уккам элден,
Ишенсеңиз уят болот.
Ит өлсө да киши өлсө да,
Исламга шылтай берген..

08 foto 1Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки шаары, Финляндия.
Жеңишбек мырза, кечээ жаздың, кыргыздын залкарларынын бири айтылуу талант Сейитказы Андабеков аксакалды он беш жашыман ээрчип, акыл-насаатына сугарылып чоңойдум деген тейде..
Андан сырткары, атактуу төкмөлөр менен дагы аралашып, алардын да далай кешигин ичип калсаң керек? Биринчи суроом: Ошол устаттарың менен башка маданийат чөйрөсүндөгү адамдар эмнеси менен кескин айырмаланып турчу эле? Себеби дегенде, мен жеке ойумда төкмөлөрдү өзгөчө касиеттүү, ажайып кут даарыган башкача адамдар катары баалай берем.
Экинчиси, кыргыз төкмөлөрү көбүнчө казактар менен айтышып жүрүшөт эмеспи. Эми ушул эки элдин төкмөлөрүнүн айырмасы кандай? Кимисинин деңгээли жогору турат, салыштырмалуу?.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Асыран агама жооп.
Улуу устаттардын өзгөчөлүгүн сөз менен жеткире албайм. Чыны менен алар башкача сезилчү. Ашыкем дайыма «Осокем, Осокем» – деп эле Осмонкулду эстей берчү. Мендеги сезим балким Осмонкул тууралуу Ашыкемде болгондур. Дагы бир башкалардан айырмачылыгы, албетте төкмө болгондуктары. «Өнөр алды кызыл тил» деп бекер айтылбаса керек.
Алтын үндүү Эстекем,
Ала салбай көтөр деп.
Алкыштын сырын үйрөттү,
Таң булбулу Тууганбай.
Таймтаңдап жүрүп өсөр деп,
Тартыштын сырын үйрөттү.
Ажыдаар акын Ашыкем,
Айтылчу кепти бекемдеп.
Айтыштын сырын үйрөттү,
Сапарлаш жүргөн кечээ күн.
Сары алтын устаттарымды,
Сагынып жүргөн кезегим.
Кийип калдык чепкенин,
Окуп калдык дептерин.
Жадыбалдай жаттадык,
Куюлушкан кептерин.
Байкабай калган экенбиз,
Залкарлар келип кеткенин..
Кыргыздардын деңгээли жогору албетте. Казактар биздин төкмөлөрдөй кара нөшөр боло алышпайт. Ар обонго салып шоу кылып жатышат өздөрүндө деле. Эгер биздикилер алардай жородо ырдаган обондор менен төксө караандатпай кетишет. Казактар жаман дебейм бирок көбү кагазга жазып даярданып чыгышат.

НурзадаНурзада РЫСКЕЛДИЕВА. Маскөө шаарынан, Оруссия.   Ассалоому алейкум Жеңишбек!
Куш келипсиң биздин кутман төргө!!
Мен араң жетишип келдим. Кечириңиздер!!
Суроо..
1. Ажы боло электеги Жеңишбек менен ажы болгондогу Жеңишбек….
Айрымасын билгим келди?
2. Жеңишбек менен победанын айрымасы..
Беш айрыма тапсаң?
3. Бир маегиңде Майра эже менен айтышканла гана айтыштын даамын татам дегенсиң.
Экинчи Майра жаралышы мүмкүнбү? Аракет кылсак..
Ыр менен жазган куттуктоом, суроом үйдө калып калыптыр….
Уруксат берсең.. үйгө барганда өздүк куржунуңа салып коёюн>
Алдын ала чоң рахмат! Бар бол!
Өмүрүң узун, Өрүшүң жайык болсун! Жашоодогу түркүгүң бекем,
Жакындарың эсен болсун! Жакшы иштерге башчы..
Жакшылыкка дарчы болуп жүрө беришиңди каалайбыз!
Ар дайым бар бол!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Кечигип келген Нурзада айымга жооп.
1.
Жашымда көп сырларды бөлүшбөпмүн,
Жараткан берген жолго келип жеттим.
Мурунку Жеңишбекте каталык көп,
Мен азыр өзгөрүлгөн Жеңишбекмин.

Алкынып дайра болуп киргенимде,
Алдуумун деп ойлопмун бир күндөрдө.
Алсыздыгым уялып кеч түшүндүм,
Алланын кулу экеним билгенимде.
Майра жеңедей жаралат деңизчи кызыгы андай тамашөкөй, бетке чабар жана мендей кайнисине сырдаш боло албастыр. Дайыма айтышканыбызда сонун тамашалар чыгаар эле. Жаны жаннаттан болсун!
Жеңишбек менен победанын беш айырмасы эмес эки айырмасын билбейт экемин. Билбегеним айып эместир, кат куржунга жообу керектир. Аял киши шоктонбойт, Бир шоктонсо токтолбойт. Жакшы аялдын үйүндө, Башкадан колу бош болбойт.

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ
“Жеңишбек төкмө келди!.. – деп,
Жергебизде дүң болду!
Суроого жооп төп келип,
Сонун эле күн болду.

“Кыргыз көчү” тайпада,
Кызыктуу бүгүн кеч болду.
Көпчүлүктүн маанайы,
Көз көрүнөө “беш” болду!

Не кылмак элек келбесе:
“Не хочу!..” – деп тырактап…
Жооптору менен кубанткан,
Жеңишбекке ырахмат!
Эмесе, ушуну менен эң кызыктуу да, пайдалуу да “Көч байланышы” аяктады.
Жеңишбек төкмөгө “Көч байланыш” убагында айтылган тилектерибизди, каалоорубузду Жаратканым толук энчилеп берсин!
Жеңишбек,
Колуңдан комузуң түшпөсүн,
Кардыгып үнүң бүтпөсүн.
Калыктан өткөн төкмө бол,
Калкыңдын актап күткөнүн…

Көз кырын салып Кудайым,
Көп берсин сага жыл-айын!
Жеринен төкмө жетпеген,
Жеңижок болгун ылайым!
Ал эми бүгүнкү иш чарага катышкан баарыңыздарга узун өмүр, адамдык бакыт, түгөнбөс эргүү, албан ийгиликтерди каалайбыз!
Дагы бир жолу келе жаткан Маймыл (Мечин) жылыңыздар менен куттуктайбыз!
Аман болсун, бар болсун КЫРГЫЗЫМ! Жашасын Көчмөндөр!!!

Мусакун САТЫБАЛДЕВ
«Манасчылык» менен төкмөлүк деген кыргыз улутуна ыроолонгон улуу дөөлөт, ыйык касиет экен. Мына ошол ыйык дөөлөттү, касиеттүү өнөрдү аздектеп алып жүргөн кыргыз журтумдун кулундарынын бири – төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр. Баятан бери ааламтордогу көптөгөн адамдардын кызыккан суроолоруна ынанымдуу, маңыздуу жоопторун берди. Эмесе Жеңишбек иним, Улуу Жараткан ыроологон сейрек, көрүнгөнгө энчилене бербеген өнөрүң мындан ары да өркұндөп-өсө берсин! Элибиздин көйгөйүндөгү кыял-максаттарын жар салып, талыкпаган торгойдой сайрай бер, ылайым үнүң кардыкпасын! Өмүрүң тозбосун! Ак жол берсин! Бар бол, алтын иним! Бар бололу, бир бололу “Көчмөндөр!” Жаңы жылыңыздар менен!

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.
Асыран байке Сизге жана баарыңыздарга чоң ырахмат!
Татыксыз болсом да чакырып элден күч-кубат дем алып бергениңиздерге!Кыргыз болуп калганыма дагы бир жолу сыймыктануу менен дайыма бар болуңуздар демекчимин!

Тазагүл ПРАТОВА
Мен акын менен кошо отуруп, бир тайдын этин жегендей, кырк чанач кымыз ичкендей болдум! Рахмаат!

Гүлжакан МАВЛАНОВА
Чоң ырахмат. Кыргыз элинде силердей төкмө-акындар көп болсун.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ
Укмуштай көкөлөп калдык, Жеңишбек. Аз болсо да саз руханий байлык ала түштүк десем болот. Керемет суроолорго керемет жооптор болду! Өркөнүң өсүп, талантың ташкындай берсин, Жеңижоктун жолун жолдогон, Ашыке, Эстеке, Тууганбай аттуу залкар төкмөлөрүбүздүн “шаа мүйүз” шакирти, кенедейинен талпынган келечектин залкары!.
Алты саат тынбай “атырылып” төгүп бердиң! Талантыңа таазим кылабыз!.

Калмамат ТУРДУБАЕВ
Көчмөндөрдөн ак бата!

Залкарым менин Жеңишбек,
Айтылды бүгүн асыл кеп.
Жакшылык каалап турабыз,
Барчылык элде болсун деп.
.
Өркүнүң өссүн көкөлөп,
Туугандар турсун бөпөлөп.
Илхамды Алла бергенде,
Душманың качсын төтөлөп.
.
“Эл акынын” алгының,
Элдик болуп калгының.
Биз жактарга тартынбай.
Бакыйып эле баргының.
.
Көчмөндөр берип батаасын,
Алдыга сүрдү абасын.
Айтмырза акын абабыз,
Акылман биздин бабабыз.
.
Алладан келип илибиң,
Аткарылсын тилегиң!
Алдыга чыгып дайыма,
Эл-Журтуң болсун тирегиң.
.
Бала-чакаң көп болсун,
Бут-кийим үйгө бат толсун!
Неберелер көбөйүп,
Молчулук үйдө бар болсун!
.
Оомийн, батаа-батаа берели:
.
Батаа, батаа ак батаа!
Бабалардан бул батаа!
Батаа, батаа берилет,
Баба, батаа делинет.
.
Каалаган тилек-максатың,
Аткарылсын Алладан!
Кабыл кылып Жараткан,
Пендесине тараткан!
Бул батаа сага берилди,
Аллалап алга бараткан!
.
Кулдук уруп Аллага,
Алла сөзүн тараткан!
Бабалардын батаасы,
Алладан сага жол ачкан!
Көтөргүлө билекти,
Жараткан берсин тилекти!
Оомийин!!!

Темирлан АКНАЗАРОВ
Ар дайым ден соолукта бар болуңуз, биз Сиз менен ар дайым сыймыктанабыз, дайыма эле эл алдында сыймыктын ээси сыйлыктын тоосу болуп аман жүрүңүз, чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар бир жоопторуңуз олуттуу жана татыктуу болду.

Нурзада РЫСКЕЛДИЕВА
Көчмөндөрдүн төрүнө келип, жан дүйнөнү..
Бирде толкутуп, Бирге ойкутуп, Бирде коркутуп..
Байланышка чыгып бергениң үчүн ыраазычылык билдирем! Сендей асыл заиандаштарым менен сыймыктанам!!!
Кеч келип жакшы ыракат алалбай калдым, эми окуп чыгам, ыракаттанып.
Алтындай убактыңдын бир үзүмүн КӨЧМӨНДӨРгө арнаганың үчүн, ыраазычылык билдиребиз!!
Чоң рахмат! Дарегибизди билип алдың.. келип тур

Элнура ЭҢСЕБЕВА
Керемет инсандан керемет ыр саптары жаралат эмесби. Талантыңызга таазим!
Бекем ден соолук, үй бүлөөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм!

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР
Салтты улап, мага берилген суроолордун ичинен Айдана айымга белегимди берейин деп чечтим. Мен сыйлаган чоң бир окумуштуу – аалым адамдын, эң мыкты жан дүйнөгө өтө пайдасы тийе турган – “ЖАН ДҮЙНӨ ЖАҢЫРЫГЫ” аттуу китебин бермекчимин.

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ
Ошентип, “Көч байланышы” да болду, Суроолор берилди оңду-солду.
Анткен менен Жеңишбек төкмөнүн, Жооптору көңүлгө толду.
Баарыбызга жакты го дейм жолугушуу,
Көкүрөккө алып туруп айтсак колду!
Демек, бул жолугушуу менен Жеңишбек мырза,
Башка төкмөлөргө ачып берди окшойт жолду.

Калмамат ТУРДУБАЕВ
Төксө достор, төгөлү!
Берилип бир төгөлү,
Дараметти көрөлү.
Агай балли, баштады,
Төкмөнү төгө таштады.
Жеңишбек келип кут даарып,
Астананы аттады.
Эй берендер келгиле,
Төкмө төгүп бергиле!
Төкмө деген төгүлөт,
Төгө албаган бөлүнөт.
Тээ алыстан берендер,
“Байге” берет көрүнөт.
Кел “Көчмөндөр” төгөлү,
Акыбалды көрөлү.
“Байге” десе берендер,
Келип калар эрендер.
Майрамдап биз жыргайлы,
Аз да болсо ырдайлы.
.
Суудай ырлар агылсын,
Ыр-күүлөр да жаңырсын.
Чыгаан акын Көчмөндөр,
Бакытка да кабылсын!
Төккүң келсе төгүп кал,
Өпкүн келсе өбүп кал!
Кут болсун Жаңы Жылыңар!
Алгалап алга жылыңар!
Көчмөн элим садага,
Бактылуу болуп туруңар!
Эй, Көчмөнүм келе бер,
Ыр төкмөңдөн бере бер!

«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, публицист. Финляндия, Келсинки шаары. 26-декабрь, 2015-жыл.

******************************************************************************************************************

Dec 20

Көчтүн көркү – саамалык..

*****************************************************************************************************************
«КИТЕП БИЛИМ БУЛАГЫ, БИЛИМ ӨМҮР ЧЫРАГЫ»

«Бардык нерсенин көп болуп жаман болгонунан көрө, аз болуп
жакшы болгону дурус. Китеп дал ошонун сыңарындай!.»
Лев Николаевич ТОЛСТОЙ

1Ааламтордогу «Фейсбук» социалдык тармагында бирден-бир эң алгачкылардан болуп уюшулган Мекенчилдердин «Кыргыз Көчү» тобу жана  «Кыргыз Көчү» коомдук фонду бир топ жылдан бери өздөрү үчүн салт катары болуп калган жакшынакай саамалыктарды, көптөр үчүн жагымдуу жана коомубуз үчүн өтө пайдалуу иш-чараларды өткөзүп келе жатат. Сөзүмдү бир аз болсо дагы далилдер менен толуктап, ага мисал катары төмөнкү маалыматтарымды айта кетейин. «Кыргыз Көчүнүн» негиздөөчүсү, «Көчмөндөрдүн» Көч башчысы, алыскы финдердин жергесинде убактылуу жашап жана иштеп жүргөн кыргыз журналисти, публицист Асыран АЙДАРАЛИЕВДИН дембе-дем көтөрүп келе жаткан демилгелерин сыймыктануу менен айтып кетсем болот. Азыркы учурдагы оош-кыйыш заман кимди болсо да ары-бери, өйдө-төмөн элеп, көптөгөн 1моралдык, материалдык кыйынчылыктарды жаратып жатканын баардыгы эле жакшы билишет эмеспи. Улуу инсаныбыз, Кыргыз Эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВ агабыз айткандай доор канчалык өзүнүн катуу, айоосуз талабын койсо да иргелип-иргелип олтуруп адамдар өз Ата-журтуна, Элине жана Жерине болгон ак каймактай сезимин, бекем сүйүүсүн жоготпой сактап кала ады. Ааламдын, бүтүндөй жер  шарынын булуң-бурчтарында жашап жүргөн кыргыздардын ой-санааларын ар дайым ачык чагылдырып, айтып-деп, тынымсыз билдирип жүргөн 11Асыран агайдын кайрымдуулук жолдору аркылуу жасаган иштери бабабыз Манастын «курама жыйып журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым» деп айтылган осуятын аргасыздан ойго салат. Жакында эле ошондой маанилүү иш-чаралардын дагы бирине күбө болуп, өзүбүз барып, атайын жыйын-чогулуш өткөрүп кайттык. Жети обулустун айылдарындагы мектеп китепканаларына жаңы басылган адабий китептерди кайрымдуулук ирээтинде бекер таркатып берүү кезеги Сары-Өзөн Чүй обулусуна туш келди. «Кыргыз Көчү» тобунун жана фонддун жигердүү 10мүчөлөрү, анын төрайымы Райкүл АЙДАРАЛИЕВА,
Батырбек КЕРИМКУЛОВ (юрист-бухгалтер), Гүлжакан МАВЛАНОВА (макаланын автору)
жана Чынара САРБАГЫШОВАЛАР
болуп 9-10 декабрда Чүй обулусуна караштуу Токмок жана Кара-Балта шаарындагы, Сокулук менен Аламүдүн райондук мектептеринде болуп кайттык. Чынымды айтайын, кайсыл гана жерге барбайлы бардыгы жылуу маанайда тосуп алышып, өз ыраазычылктарын тынбай билдирип жатышты. Биз болсо Мекенчил жана чыныгы элжүрөк замандаштарыбыздын өз Элине, туулган жерине, ыйык Ата-Мекенине арналган ырларын сыймыктануу менен үнүбүздү созолонто бийик чыгарып, шыктануу менен кайра-кайра окуп берип 15жаттык. Алардын бири Асыран агайыбыздын береги «КӨЧМӨНДӨР» аттуу ыры:
«Улуу кыргыз кылымды кыялаган,
Улар учкан тоо койнун уялаган.
Уюткулуу тарыхы башталган эл,
Уук-кереге, түндүктөн, улагадан…
Ачка-токко, азап-жокко кекенбеген,
Ай-жылдар, күндөр өттү нечендеген.
Айкөл Манас баш болгон кыраандары,
Ата-конуш, «Кыргыз Көчүн» бекемдеген..»
деген керемет ыр саптары менен башталып,16
«Булганбас мөлтүр кашка булак суусуң,
Заңкайган тоолорундай кубаттуусуң.
Аярлап кармап турган колумдагы,
Ата-журт, айнек-идиш сыяктуусуң» – деген сыяктуу жаш акын Улукбек ОМОКЕЕВДИН эң мыкты ыр саптары, жана башка таланттуу акындарыбыздын патриоттук ырлары менен коштоп, иш-чарага келген меймандардын таңдайын тамшантып окуп берип жаттык. Китепке, жан дүйнө байлыгына болгон кызыгуулар, китептердин жетишсиздиги кадимкидей байкалып жатты. Көп жерлерде кайырчынын чапанындай туш тарабынан тытылып 17турган улуттук Тилибиздин кейиштүү тагдыры, жоюлуп кетүү коркунучу бар экенин билим булагы болгон мугалимдер дагы тынчсыздануу менен айтып жатышты. Тил жөнүндөгү мыйзамдардын солгун иштеп жатканы, ата-энелердин балдарын башка тилдүү мектептерге көп берип жатышканы өзгөчө баса белгиленди. Кара-балта шаардык билим берүү мекемесинин өтө так тартиби, маанай көтөргөндөй тазалыгы, китептерге болгон жылуу пикири таң калтырып, ыраазы кылды. Көпчүлүгү кантип иштешсе болот, «Көч байланышка» чакырууга болобу» деген суроолор менен кайрылышты. Ушундай жолугушуудан соң 7«Кыргыз Көчү» мекенчилдер коомунун жасаган иш-чаралары келечек муундарга пайдалуу кошкон салымы экенине ынанып кайттык. Көч бара-бара түзөлөт эмеспи. Ылайым эле кылымдардан кылымга токтобой уланган Кыргыз «Көчмөндөрүнүн» ийгилиги арта берсин!.

************************************************************************


Гүлжакан МАВЛАНОВА.

Акын. Мекенчилдердин «Кыргыз Көчү»
коомдук фондунун жигердүү мүчөсү.
Бишкек шаары, 19-декабрь, 2015-жыл.

******************************************************************************************************************

«Китеп биздин доордун күзгүсү. Анын кары-жаштын бардыгына бирдей кереги тийет!.»
Виссарион БЕЛИНСКИЙ

«Дүнүйө абдан кең. Өз көзүңөр менен анын кыпындай үлүшүн гана көрө аласыңар.
Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле!.»
Владимир ОБРУЧЕВ

12015-жылдын 9-10-декабрында Бишкек шаарындагы «Кыргыз Көчү» мекенчилдер коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй обулусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү, гүбүрнатор КУДАЙБЕРГЕНОВ Бактыбек Жапаровичтин тикелей жардамы аркылуу, коомдук фондунун мүчөлөрүнүн демилгеси жана демөөрчүлүгү менен басмадан жаңы жарык көргөн, жана бастырылып жаткан дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашап жана эмгектенип жүрүшкөн кыргыздын таланттуу акын уул-кыздарынын ырларынан топтолгон «Аалам. Акын. Кыргыздар» аттуу Мекен, улут, тил жана атууулдук темаларды камтыган көркөм-адабий «Ыр жыйнакты», Оруссияда эмгектенип жүргөн акын кызыбыз Уулкан Амираеванын «Каректеги жаш», Бишкек шаарынын тургундары Чынара Сарбагышеванын «Ыр менен чогуу сапарым», Гүлжакан Мавланованын «Жаңылуу», Финляндия өлкөсүнүн борбору Келсинки шаарында жашап жүргөн кыргыз жараны, эркин журналист, публицист Асыран Айдаралиевдин «Кыргыз ӨҢҮ_Сүймөнкулдун ӨҢҮ_ндөй» аталыштагы жалпысынан 340 14даана китепти Чүй обулусунун аймагындагы райондорго караштуу мектептердин китепканаларына кайрымдуулук ирээтинде бекер таркатып берүү иш чарасы өткөрүлдү. Ошону менен кошо «Кыргыз Көчү» мекенчилдер коомдук фондунун Төрайымы Райкүл Айдаралиева, мүчөлөрү Чынара Сарбагышева, Гүлжакан Мавланова жана өзүм мектеп директорлоруна жана коомчулукка фонддун кыргыз тилин, маданиятын, салтын өнүктүрүү боюнча кандай иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандары жөнүндө маалымат баяндама бердик. Акындарыбыз Чынара Сарбагышева менен Гүлжакан Мавланова өздөрүнүн ырларын окуп беришти. Мындай ийгиликтерге аталган иш чарага катышканы келишкен айыл мектептеринин карапайым мугалимдери өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын билгизүү менен бирге «Кыргыз Көчү» коомдук фондуна ийгилик каалап кетишти..

9-декабрь күнү саат 10-00 дө Токмок шаарынын №-5 мектебинде Кемин, Чүй районунун жана Токмок шаарынан 19 мектеп директорлору келип катышты. Үч райондун мектептерине туура 80 китеп бекер таркатылып берилди.
9-декабрь күнү саат 14-00 дө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйналыш өткөрүчү залында Ысы-Ата, Аламүдүн райондорунун 58 мектептен келген директорлор катышты. Эки районго жогоруда аталган китептердин 100 даанасы таркатылып берилди.
310-декабрь күнү саат 11-00 дө Жайыл районунун билим берүү мекемесинин жыйналыш өткөрүчү залында Панфилов жана Жайыл райондорунун аймагынан 23 мектеп директорлору катышты. Эки районго баш-аягы 70 китеп таркатылып берилди.
10-декабрь күнү саат 14-00 дө Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын жыйналыш залында Москва жана Сокулук райондорунун 59 мекктеп директорлору катышышты. Эки районго даана 90 китеп таркатылып берилди.


Батырбек КЕРИМКУЛОВ.

«Кыргыз Көчү» мекенчилдер коомдук
фондунун мүчөсү, юрист-консультант.


Сүрөттөрдүн автору
Чынара САРБАГЫШОВА. 9-10-декабрь, 2015-жыл, Бишкек шаары.

******************************************************************************************************************

Nov 24

Жалгыз сүрөт – 2..

****************************************************************************************************************

«БИР КАНАТЫМ СЫНГАН СЫЙАКТУУ»

Күн түнөгөн Улуу тоо! 1-октябрь болчу. Иним Жалилбек менен телефондон сүйлөштүм. «Папам менен мамамды салып алып, Жакып байкем болуп азыр чыгабыз. Мен тракторду айдап барып үйгө таштайын деп сарайдан чыкканы жатам» деди. Мен Пишпекте жүргөм. Негедир эле машинамды айдай албай космосто жүргөндөй калкып баскандай сезилип, колдорум шишигендей болуп чыкты. Абалымды түшүнө албай, машинамды бекитип такси менен үйгө келдим. Ашканага кирип аялымдан суу сурадым. «Айран берейинби» дейт, мейлиң дедим . Белиме чейин чечиндим да аялымды отургузуп керээзимди айта баштадым. «Менин ичээр суум түгөнүп калды окшойт» десем эле эмне деп жатасың, сага эмне болду?- деп сурай баштады. Мен болсо «оокатыңды жакшы кыл, балдарды жакшы кара» деп, «мени жетелеп барып жаткыр» дедим. Төшөккө жаткан соң «азыр менин жаным чыгат» деп дөөрүп барып уктап кетиптирмин. Көп өтпөй эле дабырап туугандар кирип келишти. Ойгонуп эле «мамашабы же папашабы» дедим. Себеби Жалил экөөнү тең ооруканага алып келмек. «Жалилден ажырап калдык».. Бул сөздү укканда жүрөгүмө ок тийгендей болду. Өзүмдү кармап, «тагдыр, буйрук, жазмыш» деп тиштенип, баарын узаттым да залыма кирип көмкөрөмөн түшүп, жер кучактап алып, бакырып ыйладым. Туруп даарат алып келип «Кудайдан намаз окуп, мүмкүн болсо кайрып берчи, болбосо түз бейишке барсынчы» деп жалбарып сурандым. Кайрып бербеди.

ээ 61 б

Жалилбек жакшы көргөн кызы Рахимасы менен..

Сарайдан трактор менен чыгып жатып, кой короого чалкасынан түшүп, үстүнөн кытайдын шүмүрөйгөн трактору басып калыптыр. Айылга жетээрим менен телефонун сурадым. Экөөбүз сүйлөшкөндөн кийин болгон окуя экен. Акыркы жолу мени менен сүйлөшүптүр!

Негедир өлүмүн сезгендей бир күнү шаарга келиптир. «Жамал байке, уулуңузду мага бериңизчи, айылдын түйшүгүнөн кыйналып жатам, жумуш көп, малга жетише албай» деди. Эч нерсе ойумда жок уулумду кошуп бердим. Өлөөр күнү эртең менен туруп алып айылдагы аласа-береселерин тактап чыгыптыр. Экөөбүздүн ортобуз эки жаш болгон үчүн эгиз козудай ээрчишип өстүк. Сабап койуп, кайра бат эле алдап, сооротуп койуп, кээде көк беттенип ыйласа кучактап алып кошо ыйлап… Анан экөөбүз тең өпкөбүз, көөп, кучакташып, «бир тууганбыз го?» деп ойноп кетээр элек. Айылдын күн батыш жагында «Коңур» деген тоо бар. Аны биз «Күн түнөгөн Улуу тоо» деп койоор элек. Ошол күндүн уясынын бетинде кара жердин кучагында, Улуу тоонун боорунда, эртели кеч үйүн тиктеп, балдарынын үйгө кирип-чыкканын тиктеп, атам экөө тирелип жатышат! Негедир сүрөткө түшкөндү жаман көрчү. Аял алып, үч балалуу болгонго чейин эле, жиним келсе кыйкырып барып бир чабаар элем. Ошондо да «эч ким көргөн жокпу» деп мени уялтаар эле. Энебиз байкуш «элесин эстеп туралы» деп паспортко түшкөн сүрөтү менен теңтуштары менен түшкөн сүрөтүн алып келип, башын ошол сүрөтүнө чаптап, чоңойтуп алып, айылдагы үйдүн дубалынын бетин бир кылып илип алган.

1999-жылы турмуштун айынан Таласка айына 100 доллардан айлык үчүн мал багып иштеп келди. Төрт ай ичпей жебей чогултуп келип, айылга барып эгин айдады. Мен да акча чогултуп мал сатып алдык. Экөөбүз мал менен бизнес кылып баштадык. Ат-Башыдан мал алып келип, Токмок менен Бишкеке сатабыз. Мен «тамак жейли» дейм. Жалил болсо «тултук печенье менен лимонад эле ичели» дейт. Бир сомдон бери эсептейт. Мен чачам, ал чогултат! Мени бизнесмен кылып, атак даңкка жеткирип, өзү болсо кара жумуш менен алек. Мен кийимди түрлөп кийип алам. Ал менин эскилеримди кийет. Менин акыл кошчум да, сыр бөлүшөөрүм да Жалилбай. «Айылга айыл өкмөт кылам» деп оолуктум. Анда да сүрөтүн таппайм. Акаев менен Путиндин кол кармашып түшкөн сүрөттөрүнүн баштарын кесип, экөөбүздүн башыбызды чаптап. Программасын, платформасын жазып, чыгарып барып элге таратып, ишенимдүү добуш менен жеңип алдык. Айыл өкмөт башчысы болуп иштеди. Эл сыйлаган жакшы жетекчи болду. Бирок, жан дүйнөсү таза болгон үчүн негедир саясатка аралаша албады. Үйдүн кичүүсү болгон үчүн баардык түйшүк жана ата-эне багуу милдети Жалилбайдын мойнунда эле. Үч кыз, бир уулу калды. Кичүү кызы келинибиздин курсагында калды.

ээ 61 г

Уулу Ислам менен “белек” кылып калтырып кеткен кызы Жамила..

Папасын көргөн да жок. Ислам деген кичинекей уулу бар. Ал болсо чоң атасы Самарбектин койнунда жатып, мойнуна минип эркелеп жатчуу эле. Былтыр атабыз да инимдин күйүтүн тартып жүрүп жанына барып жатып калды. Кыздары да майда, өзү болсо 35 жашында жалган дүйнө менен коштошту. Мен мүрзөгө сөөгүн алып барганда Исламды көтөрүп бардым. Үч жаштан өтүп, тили таттуу кези эле. «Жамал ата, папамдын мүрзөсүнүн ичи жапжашыл, анан кооз экен, сонун турбайбы» дегенди уккан соң көз жашым да, капам да тып басылды. Менин «кайрып берчи» дегеним кабыл болбогон менен «Бейишин сураганым кабыл болгон экен» деген аруу тилегим менен Кудайга ыраазычылык айтып, инимди кара топурактын алдына тапшырып кайтып кеттик. «Мезгил өзү дарылайт» деген чын экен. Бирок, бир канатым сынган сыяктуу негедир бизнесим баштагыдай эмес. Классташтарын көрсөм жүрөгүм кысылат. Жалилдин өлгөнүн унутуп калып, телефон чалып жүрүп, эми гана өлгөнүнө ишенсем да, элесин унута албай жүргөн мезгилим! Унутулбай эле койсун. Мен унуткум келбейт. Мен Исламды үйлөндүргөн кезде да папасы менен атасы жөнүндө башымды бийик көтөрүп айтып берем, буюрса! Себеби, жаш болсо да артында из калтырып, жакшы иштерди жасап, элдин эсинде калды!.

ЖАМАЛБЕК. 23.11.2015.

Эскертүү: Сайт ээсинин улуксатысыз маалыматты алууга тыйуу салынат.
******************************************************************************************************************

Nov 24

Жалгыз сүрөт..

***************************************************************************************************************

НАЗИРАМ КӨРБӨГӨН ЖАКШЫЛЫКТАРДЫ МЕН КӨРДҮМ..

Биринчи жана акыркы жолу түшкөн сүрөтүбүз! Мени шаарга алып келген тагдырыма чоң бурулуш жасаган. Мени бактылуу болсо экен деп тилек кылган, Назирам! Төшөктө ооруп жаткан кези эле. Жаштык-мастык менен биринчи турмушумдан ажырашып, эки балам менен ата-энеме “ашка жүк, башка жүк болбойун” деп, балдарымды калтырып өзүм болсо айылдын аягында “Бактылуу Колот” деген жерде жарыгы же жылуулугу жок ээн сарайда өзүмдү бактысыз сезип, жалгыз жашап жүрөм. ээ 61 бКлассташтарым Калыс, Тынчтык, ыраматылык Бакыт барып көңүлүмдү көтөрүшөт. Айылга барбайсыңбы, ушинтип жата бересиңби? – ээн сарайда, айылда муунуп өлгөндөр көбөйүп кетти, сен да кыкынып калба” дешип, тамашалап, оюн-чынга аралаштырып кетишет. «Сарайдын ээси бар, төө жетелеген ак сакалдуу карыя» деп Ажыгул ата айтып берген. Ал киши көп жыл ушул сарайда кой туудурган. Мен болсо күндүзү да, түнү да сарайдын ээсине жолугуп, ошол төө жетелеген карыяга арманымды айткым келет. Төө эмес «бөө» жетелеп келсе да коркпойм. Себеби, менин коркуу сезимим өлгөн. Анткени, жашоонун өзүнө тоюп жүргөн кезим эле. Байкем (атам) келип «үйгө бар» деди, болбодум.

Бир күнү жеңем (энем) келди. «Үйгө кетели» деди, болбодум. Ыйлады. «Сени азабыма төрөгөн экенмин» деди. Мээримине жүрөгүм жылып кетип, артынан ээрчип жөнөдүм. Ошентип айылга келип элге кошулдум. Жөн эле кошулбай молдо болуп келдим. Атам Ырсалынын тарбиясын алган үчүн аксакалдар молдо кылып алышты. «Караңгы элге каапыр да молдо» демекчи, менден башка илимдүүсү жок болсо анан кантишмек эле? Кошунабыз Аттокур байке каза болуп Казармандан сөөгүн алып келишти. Улуу кызы Назира. Мен болсо молдо катары кызмат кылып жүрөм. Анан Назирага сүйүүмдү айта албайм. Калыс досум шоколад алат. Экөөбүз ээрчишип алып Назирага барабыз. Акыры көндүрдүк! 1998-жылы 20-февралда үйлөндүк. Калыс күйөө жолдош болду. Март жаңыраары менен ооруп калды. Бишкекке доктурга келдик. 9-мартта онкологияга жатты. 9 ай 20 күн жатты. Кыздан айланса болот. Атасынын энелеш Зуура деген эжеси бар эле. Дары-дармегине аябай жардам берди. Онкологиядан операция жасап кайра туберкулез бөлүмүнө жаткырды. «Туберкулезный менингит» деп диагноз койушту. Айлап эле ооруканада жатса, ооруканаң да аты жаман «туберкулез» деп. Туугандарың да алыстай баштайт экен. Башында тамак көтөрүп эки үчтөн келген соң «болду» дейт экен. Анан ар ким өз түйшүгү менен кетет экен. Үйүнө учурашканы барсаң балдарын өптүрбөштүн аракетин кылып, эптеп сен чыкканча шашышат. «Тубазит» деген дары ичип жатасыңбы?» деп сурашат. Аларды да түшүнөм. «Жугуштуу оору» деп коркушат. Алды 2 же 3 жылдан бери төшөктө жаткан, жалаң жата берип жамбаштары оюлуп кеткен аялдардын арасында чүрөктөй сулуу Назирамдын жанында мен жатам. Уялмак тургай баарынын алдын которуп, баарына жардам берип, бир туугандай эле болуп калганбыз. Шейшеп жууп жүрүп колдорум жарылган күндөр болду.

Ооругандан да оору баккан азап деп койушат. Бирок мен Назирамды тажабай багам. Анткени, бат- бат эсинен танып, кайра эсине келген сайын «Кудай мен көрбөгөн жакшылыкты, мен көрбөгөн бактыны Жамалым көрсө экен» деп тилээр эле. Кайынэнем экөөбүз кезектешип карайбыз. Ал киши да ооруп калды, анын да диагнозу «туберкулез». Кудайга шүгүр, айыгып кетти.

Бир күнү байкем (атам) байкуш келиптир. Акыркы жардамым ушул, эки кой союп келип саттым, үйдө беш эле кой калды деди. Назирага, палатага учурашканы кирди. «Ата» деп ордунан обдулуп тура калып мойнунан кучактады. Кайраттуу деген байкем ыйлап жиберди. Эшике чыгып да ыйлады. Экөөбүз оорукананын багын аралап ыйлап, нары-бери бастык. Көзүнүн жашын сүртүп, мага «эки койдун акчасы» деп акчасын сунду. Алып чөнтөккө салдым. Эми бул акчаны кантип көбөйтөм, дары менен ичкен-жегенге кантип жеткирем? Ойлор мээмди көзөп, кайра ооруканага кирдим. Эртең менен палатаны кыдырып гезит саткан эже келди. Эже гезитти кантип, кайдан алып сатсам болот? Мен сизге «конкурент» болбойм, башка жакка сатам десем, «сата гой балам, кааласаң бул жактан деле сат. Сен экөөбүздөн башка саткандар деле көп» деп дарегин берди! «Таң атпай барышың керек» деп жол жобосун түшүндүрдү. Ошентип таң агара электе Ахунбаева менен Совет көчөсүнүн кесилишинен чыгып Үсөнбаев көчөсүндөгү гезит базарга келип, гезит алып Ош базарга көтөрүп жөнөдүм. Жөө бармай. Гезит сатып пайда таба баштадым. Күнүгө түшкөн пайдасына айран, сүт алып ооруканага барам. Ошентип жүрсөм «Ислам маданияты» деген гезит чыгып калды. Ал гезиттин редакциясын таап алып, ал жерден гезит алып, баардык базарды кыдырам. Ак топу кийгендерди көрсөм эле «ушул окуйт» деп ойлойм. Дунгандар болсо деле сунуштай берем. Себеби ал кезде базарда ак топучан дунгандар көп эле. Ошентип жүрүп «Ислам маданиятына» штаттан тышкаркы рекламалык агент деген ишке орноштум. Күбөлүк берип койгон, сүрөтүмдү чаптап. Аны троллейбуска көрсөтүп, акча төлөбөй түшүп кетем. «Пресса» деп. «Пресса» болсо эле «акча төлөбөйт» деген мыйзам бардай жөө баспай калдым. Андан эки айдан соң реклама бөлүмүнүн башчысы, анан жооптуу катчы болуп, бат эле көтөрүлүп.. Өзбек ажы менен таанышып калдым. Турмушум да, ичкен-жегеним да кеңейип калды..

Анан 1998-жылы 28-декабрда Назирам бул жалган менен коштошту. 31-декабрда Нарынга сөөгүн коюп, 1999-жылды улуу балам Жаныбекти кучактап алып ыйлап тостум. Айылдан куран окутуп келген кемпирлер мени аяган болуп, «алда айланайын аай, ажырашпай эле койсоң бул күндү көрбөйт белең» дегенде, заманам куурулуп, «кайра шаарга кетем, иштейм» деп, шаарга келе ээ 61 ббердим. Келип, иштеп, окууга тапшырып, анан Назирам тилеген бакытка жеттим. Ал көрбөгөн жакшылыктарды мен көрдүм. Арбагың ыраазы болсун, Алтыным. Бул менин сага ыраазы болуп, Кудайдан бейишиңди тилеп жазган гүлчамбарым! Сүрөтүң менен кошо аябай жакшы жагымдуу түштөй элесиң менин жүрөгүмдө. Менин сапарым карып, бул жашоо менен кош айтышканда, сен мени жадырап күлүп тосуп алат болсоң керек. Бейиштин сулуу хур кыздары болот. Алар 18 жашта дейт. Сен да 18 жашыңда эле кетпедиң беле? «Ошол бойдон тирилет турбайбы» деп ойлоп калам…

ЖАМАЛБЕК. 22.11.2015.

Эскертүү: Сайт ээсинин улуксатысыз маалыматты алууга тыйуу салынат.
*****************************************************************************************************************

Nov 14

Жаш калем..

******************************************************************************************************************
ээ 11вЭ Р Т Е Ң К И   К Е С И Б И Ң Д И   Б Ү Г Ү Н   Т А Н Д А!

Эмнегедир мен өзүмдүн мектебим жөнүндө жазгым келди, анткени мен бул мектептен окуп, тарбия алып келе жатканыма 11-жыл болду. Мектептеги күндөрүм кызыктуу жана көңүлдүүлүгү менен эсте калаарына ишенем. Мен окуган мектептин аталышы «SOS Герман Гмайнер» деп аталат. Мектеп немец тилине багытталган. Бул мектепте окуучуларга жалаң гана жакшы билим бербестен үй-бүлөлүк каражаты жетишсиз жана ата-энеси жок балдарга да билим алууга жардам берип келет. Ошону менен бирге бул мектепте колунда бар адамдардын балдары да окууганга мүмкүнчүлүгү бар. Бир үй-бүлөдөн үч-төрт бала окуган болсо аларга жеңилдиктер каралган. 2002-жалы «SOS Герман Гмайнер» ээ 11 бмектеби жеке менчик болуп ачылган, кийин кандайдыр бир себептер менен мектеп мамлекеттин карамагына өтүп калган. Мектептин имараты өзү чоң, кооз, өтө ыңгайлуу жана баардык шарттары менен жасалгаланган. Ошондой эле мугалимдер абдан күчтүү жана мээрмдуу адамдар. Окуучуларга баарынан жагымдуусу бул түшкү тамак, тамактар бизде абдан даамдуу. Эң негизгиси окуучу балдар 1-класстан баштап 11-класстын аягына чейин немец тилин окутушат. Каалагандар англис тилин дагы тандап алса болот. Эгерде 11-классты айактап, бүтүрүү экзаменинде немец тилинен сынакты жакшы тапшырса, окуучу «Sprach diplom», башкача айтканда немец тилин билет деген диплом алат. Эң башкысы мен эмнени айткым келди? «SOS Герман Гмайнер» мектебинде окуп бүткөндөрдүн жана окуп жаткан окуучулардын келечеги кең. Болгону өзүңдүн алдыга койгон максатың,багыттуу тилегин болуш керек. «SOS Герман Гмайнер» мектеп эң мыкты мектеп!

Айтунук НАРЫНБЕКОВА. Бишкек шаарынан,
«SOS Герман Гмайнер» орто мектебинин 11-классынын
окуучусу.