Jun 23

«БЕЙНЕ»


******************************************************************************************************************
ООНДУН БИЙИК ДАРАЖАСЫН БАГЫНТКАН ОТУНБАЕВА.

«Суу жай гана агат, а эгер кааласа баарын талкалап кетет. Аялдын күчү сууга тете – жумшак, бирок өтө кубаттуу!.»
(Брюс ЛИ)

*********************************************************
Роза Исаковна ОТУНБАЕВА:
Кыргыз Республикасынын экс-президенти, Бириккен Улуттар Уйумунун (ООН) жогорку деңгээлдеги Кеңешчилер комиссиясынын мүчөсү. Учурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» аттуу Эл аралык коомдук фондду жетектейт.

Сыйлыктары: «Датка Айым» жана «Каармандык» медалдарынын ээси.

*********************************************************

БАШ СӨЗ ОРДУНА.

Тагдыр менин тайгүлүк ташымды олку-солку, опурталдуу бир учурларда ойдо жок жерден катуу жектеп, кодулап, чет жакты көздөй сүрүп, аргасыз өз өлкөмдү тыштап кетүүгө мажбур болгон элем. Сай сөөгүм сыздап, кыйналып, кыйын учурларды башыман өткөрүп жүргөндө толгон өлкөлөрдүн ичинен «тагдыр ташым» Финдердин өлкөсүнө ооп, оомок турсун ошол «тагдыр ташым» ушул керемет өлкөгө «топ этип» кулап түшүп, минтип финдердин арасында камыр-жумур жашап калганыма учурда туура сегиз жылдын жүзү болуптур. Көп нерселерин өз көзүм менен көрдүм, уктум, ал гана эмес колум менен кармап «ушалап» да жүрөм. Эмне дейт элем, эң башкысы эли-жерин сүйгөн башчылары, эрки, акыл-эси, ийининде башы бар эли ушинтип эле өздөрү үчүн бардар жашоо орнотуп алышат экен. Коркпой-үркпөй эле кадимки жомоктогудай жашоону өз күч аракеттери менен куруп, урушуп-талашпай эле умтулуп жетип алса болооруна кадимкидей ишенип, көзүм жетип, каныгып калган кезим. Кызыгы, ушул убакка чейин бул өлкөдө кыргыздар жок деп жүрсөм бар экен, ал эмес көп экен. Курулуш тармагында эмгектенип жүрүшкөн бир топ кыргыз балдар менен аз күн эле мурун жолугуп тааныштым. Ал эми мындан 5 жыл илгери Лондон Олимпиядасына кыргыз балбандарынын талапкерлигин тандаш үчүн Келсинки шаарына келишкен спортчулар, алардын машыктыруучулары жана ошол кездеги ИИМ министиринин орун басары Мелис ТУРГАНБАЕВ, Экономика министиринин ошол кездеги орун басары Арзыбек КОЖОШЕВ менен жолугуп, баарлашкан элем. Андан кийин айтылуу Омбудсмен Турсунбек АКУН келип, алдынала сүйлөшүп, кеңешип-таңашып алганыбыз менен ага жолуга албай калгам. Ал өзү, «мен барганда мага чал, жолугалы» деген, бирок эмнегедир чалсам телефонун алган эмес. Кийин сураганымда «көптөгөн жолугушуу, иш-чаралардан кол бошобой, убакыт жок, сага жолуга албадым» деп түшүндүргөн, билбейм, балким чындыгы бардыр. Анан эле бир күнү ушул мен жашаган өлкөгө капыстан эле кадимки Роза Отунбаева келип калаарын, «Асыран, мен азыр баланча деген жердемин, баланча убакта бошоп калам, шарт-мүмкүнчүлүгүң болсо келип жолугуп кет» деп чакырып калат деп ким ойлоптур? Чынында андай ой үч уктасам түшүмө деле кирмек эмес. Анакей, түш-мүшү жок эле аз күн мурун дал ошондой окуйа өңүмдө болду. 19-июнда Финдердин өлкөсүнүн борбору Келсинки шаарында сыймыктуу эжекебиз, айтылуу экс-президентибиз Роза Исаковна ОТУНБАЕВА менен экинчи ирет капилет жолуктум.

                                                             АЛГАЧКЫ ЖОЛУГУШУУ.

2006-жылдын күз айлары болсо керек. Андагы Бакиевдин бийлиги анча күчүнө кире албай, олку-солку абалга туш болуп, улам бир жактан нааразычылык митингдер күчөп, жыйынтыгында ошол кездеги оппозиция масштабдуу бир чоң митинг өткөрүшкөн. Ал митинг «Реформа кыймылы үчүн» деп аталса керек эле. Кыскасы кырдаал катуу курчуп, чыңалып, митингчилердин саны көбөйүп, талаптар улам күчүнө кирип, Бакиев бийлигинин шаштысын кетирип жаткан. Ошондо ыраматылык Мелис Эшимканов менен Өмүрбек Текебаев мага бир «срочный» тапшырма беришти. «Элге кыска-нуска, ток этээр жерин айткан кайрылуу жазыш керек, эртең менен даяр болсун» дешти. Өмүке кошумчалады, «орусчасын да кошуп даярдаш керек, антпесе болбойт» деп. Ошол эле жерде Роза Исаковна дагы жүргөн экен, Өмүкелер эжеге кайрылып, жазылган тексти жакшылап орусчага которуп беришин суранышты эле, Роза эже дароо эле макул болду. Ошону менен ошол күнү мен Роза Исаковна менен таанышып, чогуу эженин үйүнө келип, үйүнөн мен кыргызча кайрылуу текст жазып, эже аны дароо эле орусчага которуп салган. Эртеси атайын дискке жаздырып, эртең менен эрте «Агым» гезитинин редакциясына алып келип оппозициячыл саясатчылардын колдоруна эже өзү тапшырып берген. Өшөнтүп Роза Исаковна менен тээ илгери, мындан 12 жыл мурун капыл-тапыл жолугуп, жакындан таанышып калгам..

КЕРЕМЕТ ШААР КЕЛСИНКИ.

Келсинкинин чок ортосунда жалаң элчиликтин имараттары жайгашкан аймакта «Haven» аттуу мейманкана бар. Роза Исаковна бир күн мурун ошол мейманканага келип жайгашыптыр. Бул жакка келген себеби, Бириккен Улуттар Уйумунун жогорку деңгээлдеги Кеңешчилер комиссиясынын ондон ашык мүчөсү баш болуп, анын ичинде аталган абройлуу Эл аралык уйумдун баш катчысы Антониу ГУТЕРРЕШ төш болуп, БУУнун (ООН) Баш-катчылыгынын консультативдик кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүш үчүн чогулушуптур. Ал күнү ушул өлкөнүн экс-президенти Тарья

БУУнун Баш-катчысы Антониу Гутерреш.

Фин өлкөсүнүн экс-президенти Тарья ХАЛОНЕН.

ХАЛОНЕН айым (бул айым дагы аталган уйумдун ардактуу мүчөсү) БУУнун жогорку даражалуу кеңешинин атайын чогулушка келген сыйлуу мүчөлөрүн кечки тамактанууга жана кораблге түшүп сейилдеп келүүгө чакырган экен. Эже ал жактан кечки саат 22-00 дөрдө келээрин эскерткен. Мен эже айткан убакта дал ошол жерде болуп калдым. Айтканындай эле так ошол убакытта сырттан бакылдап-шакылдаган бир топ чет элдиктер мейманканага топурап кирип келишти.

Ойлоп койгом, эженин жанында жансакчысы, же жандап, коштоп жүргөн 2-3 адамы болбосо да жардамчы бирөө-жарымы болсо керек деп. Жаңылыпмын, жап-жалгыз, өзү эле келиптир. Ойумду шарт жыйыштыра салып, ордумдан секирип турдум да, алардын арасынан ар дайым «ачкиси» менен алыстан таанылган, татынакай Роза эжекемди илгиртпей эле таанып, алдын тосо утурлай бастым. «Чын элеби, же жокпу» дегендей ишенип-ишенбей барып эже менен кол алышып жылуу маанайда учураштык. Чынымды айтайын, өзүмчө бир аз толкунданып, сүрдөп да кеттим. А Роза Исаковна кадимкисиндей, жөнөкөй жана жайдары, таңгала күлүмсүрөп, мага, «Асыран, сен кайдан, слушай, бул жакка кантип, качан келип калгансың, эмне кылып жүрөсүң?» – дегендей бир катар суроолорду узатканга да үлгүрдү. Андан соң эже, «жүр эми, эшикке чыгып, ээн-эркин басып, кобурашып келели» деген сунушун айтып, экөөбүз ээрчише басып сыртка чыктык. Тунжурап, ашкере тынчтык өкүм сүргөн (Учурда Фин жергесинде буурул түн (белый ночь) өкүм сүрүп турган чак) түнкү керемет Келсинки шаарынын бир топ жерлерин кыдырып басып жүрдүк. Аркы-беркиден, өткөн-кеткенден, саясаттан, жөн-жай турмуштан болушунча кеп салып божурашып отуруп кайсы маалда кайра мейманканага келип калганыбызды байкабай деле калыптырбыз.

Ошол, ошентип мейманкананын биринчи кабатына киргенибизде Роза Исаковна, «мен эс алайын, эртең менен эрте кетем, олуттуу жолугушууларыбыз бар, эми сен алыста жүрөсүң, аман бол, Асыран» деди да колун сунуп, жылмайып, мени менен жылуу коштошуп өзү жайгашкан бөлмөсүн көздөй беттеп, жайбаракат тепкич менен өйдө көтөрүлүп чыгып кетти. Мына кызык, Роза Исаковна кирип кеткен соң менин жан дүйнөмдөгү уйгу-туйгу ой-чабытым ойгонуп, толгонууларым ошондон кийин башталды. Оозумду ачып, далдырап, эмнегедир дендароо болгон немече шаардын кооз, кызыктуу жерлерин кыдырып жүрүп эжени урунттуу жерлерден жакшылап эстелик үчүн сүрөткө деле тартып албаптырмын. Же, жок дегенде бир жерден тамактанчуу жайга киргизип, шашпай отургузуп, сыйлап, даам сыздырганга да жарабай, таптакыр эле эсиме жара чыгып, эңгиреп калганыма таң калып, бармагымды тиштедим. Андан да түштөн кийин, кыйратып салгансып эжени узатып койуп, кайтып, электричкада келе жатып, ка-ап, антсем болмок экен, ка-ап, минтсем болмок экен деп койом. Кээде мээң ордунда болбой, иштебей, «катып» калса ошол экен да. «Көсөөнүн акылы түштөн кийин» деген чын окшойт, ошентип накта «көсөөлүк» кылык-жоругума азыр да өкүнүп, туталанып жүрөм..

ОТУНБАЕВА ДЕГЕН КИМ?

Роза ОТУНБАЕВА. Мен билгенден Роза Исаковна эң эле жөнөкөй, катардагы, кадимки эле кыргыздын карапайым айымдарынын бири. Эң башкысы Эне, Эже, андан кийин анан мыкты, кесипкөй дипломат, коомдук-саясый ишмер, эгемен Кыргыз Өлкөсүнүн экс-президенти десек куп жарашат. Роза Исаковнанын саясый карьерасы алгач тээ Акаев бийликке келген жылдары башталганы айкын. Дал ошол жылдардан баштап жалаң дипломатиялык жогорку кызматтарды аркалап, мен-мен деген, ай-асманды чапчыган атактуу, аттуу-баштуу өлкөлөрдө далай жылдары элчилик кызматтарды жетектеп жүрдү. Өз өлкөбүздө бир эмес үч жолу Тышкы Иштер Министирлигин жетектегенин андан да жакшы билебиз. Демек, Роза Отунбаева дипломатиялык кызматты дыкат алып кете алган, тышкы саясатты, алака байланышты чемичкедей чаккан, алаканга жайа салгандай өздөштүргөн, өтө билимдүү, бирден-бир иш билги кадр экенинен шек саноо мүмкүн эмес болчу. Башка кеп, биздин өлкөбүздү башкарам, эл башы болом деп бийликке келген «эргулдарыбыздын» эң башкы оркойгон кемчилиги, өнөрү эле ушул болуп калганы өтө өкүнүчтүү. Эптеп эле эки чылбыр, бир тизгин колуна тийип, көчүгүн майталкан менен «мамык креслого» жакшылап бекитип, отуруп алган соң, ишти билген, жөндөмдүү, тажрыйбалуу, мекенчил, кесипкөй чыгаан уул-кыздарыбызды кодулап, аларга ар кандай жалааларды жабуу менен шугулданып, куугунтуктап, эч бир себепсиз кызматтан алып, анан эле өздөрүнө жакын, ыңгайлуу, айткан-дегендерин дароо аткарып, ошонун гана оозун тиктеп иш кылып, элдир-селдир эт менен челдин ортосунда жүргөн бир «байкуштарды» тегерегине топтоп алышат. Роза Исаковна дагы ошондой «куугунтук-кодулоолордун» кордугун далай көрдү. Бирок башкаларчылап, кызматтан кол жууган күндүн эртеси бакырып чыгып, кечээки өзү кызмат кылып жүргөн бийликти ур-тепкиге алып, байма-бай сындап, бакылдап чыккан учурларын дегеле көргөн жокмун. Ошентсе да Отунбаева кайда гана болбосун, кандай гана кызмат өтөп, аркалабасын бар-жогу эч билинбей эле эл-журту, мекени үчүн опол тоодой кызматын алынын жетишинче, колунан келишинче унчукпай-этпей эле үзүрлүү аткарып келди. Ыңгайы келип калды окшойт, учурдан пайдаланып ушул мисалды да кыстара кетейин. Эгерим мамкызматчыларды жактырып, аткаминээрлерди өмүрү мактап-жактап көрбөгөн айтылуу аналитик журналист агам, ыраматылык Алыке (Алым ТОКТОМУШЕВ) Роза Исаковнаны мактап, түшүнүктүү, адамкерчиликтүү, бийик маданияттуу айал экен деп баалаган. Себеби, ТИМди жетектеп турганында Кытайга иш сапар менен чогуу барганын, министир катары чет элдик кесиптештери менен абдан жеңил, оңой, ийкемдүү тил табышып, таасирдүү жана так иш алып барганын, англис тилде эркин сүйлөгөнүн эргүү менен айтып калчу. Ал жактан кайра кайтканда Алыкени Үрүмчү шаарына калтырып, «2-3 күн шашпай эс алып, жакшылап шаарды кыдырып, кең-кесир таанышып анан келиңиз» деп, ошол жакта иштеген дипломат балдарга табыштап, атайын тыштап келгенин, кийин Кытайдан кайтып келгенинде жетиналбай, сүйүнүп, абдан ыраазы болуп, айтаарга сөз таппай мактанып жүрдү го, кайран Алыкем. Роза Исаковнадагы мындай жогорку сапатты, жөнөкөйлүктү жана саясый маданияттуулукту, анын алды-артын аңдап түшүнө билген бекем эркинде жана сабырдуулугунда, көп нерсени алдын-ала көрө билгенинде десем мен эч жаңылышпайм.

ӨЛКӨ ЖАНА ӨТКӨӨЛ МЕЗГИЛ.

Бакиевдер бийликти толук өздөрүнө менчиктеп алгысы келип, чектен чыгып кеткенине бүтүндөй коомчулук нааразы болуп, ичинен жарылайын деп эле араң турган учур болгон. Мындай нааразычылык 2009-жылы чыңала баштап, акырындык менен күчөп отуруп акыркы «апогейине» 2010-жылдын 7-апрелине келип, «тарс» жарылды. 100 гө жакын бейкүнөө жарандарыбыз шейит кетти. Анткен менен алар элинин эркиндиги үчүн жандарын берип, баатырларча курман болушту. Башкысы, башкесер Бакиевдер бийликтен кол жууп, куйруктарын түйүп, жоопкерчиликтен качып кутулушту. Ошондой кыйын кырдаалда, кыйчалыш мезгилде, өлкөнүн тагдыры жардын кырына кептелип, ал эмес салаңдап калган маалда дал ушул Роза Отунбаева эжекебиз бүтүндөй жоопкерчиликти өз мойнуна алып, баарын көтөрүп, эл-журтун ар түрдүү болуп кете турган алаамат-коогалаңдан сактап, кырдаалдан кыл сууругандай кыйгап өткөрүп кеткенин таныш кыйын. Албетте, айрымдар мойундабай, так секирип, жебенин огун башка тарапка буруп, танганы менен карт тарых эженин мындай чечкиндүү, таасирдүү жана эрктүү кадамдарын эч качан танбайт жана татынакай таасын, адилет баасын берет. Жашырганда эмне, менмин деп өз көкүрөгүн жара муштап бакылдап жүргөн эркекетана сайасатчыларыбыз саймедиреп сайраганы менен ошол учурда баштарын коңулга катып, жоопкерчиликти мойундагысы келгенден кадимкидей коркушкан. Аны көк жал Текебаев кийин ачык эле айтып, өзү жар салган жайы бар. Өлкөнү болгону бир жарым жыл башкарып, ошол кыска мөөнөттө олку-солку абалда турган өлкөбүздү акырындык менен жай турмушка кайтарып, аздап болсо да абройун көтөрүүгө жетишип, айтылган мөөнөттө бийликти татынакай тапшырып берип, башын бийик көтөрүп басып кеткен. Эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу мыйзамдуу жол менен бийликти өткөрүп берүүнүн жолун көргөзүп, кийинкилерге үлгү боло тургандай жол ачып кеткен дагы дал ушул Роза ОТУНБАЕВА болду.

«Эл оозунда элек жок» – дешет. Жакшысы да, жаманы да эл ичинде. Албетте, элдин баарына бирдей жагыш кыйын. Бирөө билип сүйлөсө, кай бирөөлөр билбей эле божомолдоп урдура берет эмеспи. Ушак деген немени тыйганга эч кимдин кудурети жетпейт. Айтыла берет. Бу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Роза Отунбаеваны жөнү жок жөөлөп, опурулуп сындап, далил-фактысы жок эле далай ушак-айыңды оңду-сол таратып, чайырдай чаптагандар да чени жок четтен табылып турду. «Ал жактан килтейген хан сарай алып ийиптир, бул жактан минтип ийиптир, андан да тили буруу бирөөгө «тийиптир», анан антип-минтип «ийиптирлер» менен гана чектелишип, тил безеп сайрагандардын саны канча калыңдаганы менен «кылдысы» менен «болдусу», болбогон божомолдору суу кечпеди. Өзгөлөр ишенмек турсун «өрдөкчүлөр» учурган «өрдөктөрүнө» өздөрү да ишенип-ишенээрин билбей жүрүшүп, арсыз, аңыз имиш кеп-сөздөр акыры барып аргасыздан тынчыды. А Роза Отунбаева ал окшогондорго теңелип, обу жок теригип, андайларга убакыт-саатын кетирип отурган жок, алардын деңгээлине түшкөндөн ат чабым алыс болду. Өз жоопкерчилигин өзгөчө сезе билген жетекчи катары өлкөсүнүн өнүгүп-өсүшүн камсыздап, милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, ажолук кызматта аз жыл иштесе да майын чыгара саз иштеп өткөрүп берди. Эми анын баарына баа бере турган калың журту, калайык калкы жана тараза ташын салмактачу эртеңки карт тарых.

Финляндиянын борбору Келсинки шаарында өткөн БУУнун (ООН) консультативдик Кеңешинин жыйынында Кеңештин ардактуу мүчөсү Роза ОТУНБАЕВАНЫН сүйлөгөн сөзү..

КОРУТУНДУ СӨЗ.

Арийне, «атактуунун атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» демекчи, ток этээр жерин айтайын. Aшкере мактап-жактайбызбы, жаалап, аша чаап сындап кара көө чаптайбызбы, эмне гана дебейли, эгемен Кыргыз тарыхындагы Отунбаева эжекебиздин орду, баскан жолу өзгөчө. Аты-жөнү, эли-жери үчүн жасаган эмгеги тарых тактасынын эң бийик текчесинен жай алып, илинип тураарында эч кандай шек жок. Көрсө, улуу адамдар ушундай эле жөп-жөнөкөй болот тура, асмандап, айды чапчып сүйлөбөй эле жер менен басат тура. Эл менен элче, карапайым менен крапайымча сүйлөшүп, коркпой-үркпөй эле каалаган адамы менен каалаган убагында, кайсы жерде, кайсы өлкөдө болбосун жүз көрүшүп, кол алышып, ал-жай сурашып, ой-пикир бөлүшүп, кадимкисиндей эле күлүп-жайнап, жансакчысы, кароолчу-пароолчусу жок эле, эл арасында ээн-эркин басып, кенен-чонон дем алып, жайбаракат жай турмушун өткөрүп, ишмердүүлүгүн улантып, кыбырап болсо да кыргызы үчүн опол тоодой кызматын кылып жүрө берет тура. Мына, көргүлө, мындан өткөн сый-урмат, бийик даража кайда? Ошол бийик даража менен даанышмандыкты, улуулукту, ашкере жөнөкөйлүк менен адамдык сапаттын үлгүсүн дал ушул айымдан, эжекебизден, экс-ажобуз Роза Исаковна ОТУНБАЕВАДАН өткөн аптада өзү менен жолукканымда өзүмдүн көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп, жон терим менен сезип, кадимкидей туйдум. Дагы далай сөздөрдү айтсам болот эле, антпедим, баянымды ушул жерден кыскартып, токтотойун деп чечтим. Сөзүмдүн соңун, аңгемемдин айагын «калк айтса калп айтпайт» менен жыйынтыктап, көкүрөктү көзөп кете тургандай, акылмандык менен айтылып жүргөн «Эл менен болсоң бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» деген накыл кеп менен бүтүргүм келди..

P.S. (Келсинки шаарында Роза Исаковна менен болгoн жолугушуумду аз мурун болсо да камсыздап, алдынала маалымат жиберип, байланышууга шарт түзүп беришкен мекендешим Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА айым менен Эл аралык «Роза ОТУНБАЕВАНЫН демилгеси» коомдук фондунун аткаруучу деректири Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА айымга терең ыраазычылык билдирем).

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финдердин өлкөсүндө жашаган эркин журналист,
публицист. Келсинки шаары. 23-июнь, 2018-жыл.