Лидер..

 ***********************************************************************************************  

                                   «БОЛОТ КАНТИП КУРЧУДУ?»

ee-74            «Эрдик күн сайын кыйынчылыктарга 
              туруштук берип, күрөшүүдөн келип  чыгат!.»

                                Николай ОСТРОВСКИЙ.

         Болот (сталь) – бул өтө катуу жана курч темирдин бир түрү. Кыргыздар «болоттой курч» деп койушканы ошондон.

Урматтуу окурманым, кадырлуу мекендешим! Эмесе мындай. Эгер чынымды айтсам сөзүмдүн төркүнү бул. Өз өлкөмдөгү, мекенимдеги болуп жаткан кырдаал, өйдө-төмөн окуйалар тууралуу жеке ойумду ортого салгым келди. Андан да тагыраагы, азыр, бүгүнкү күндө кудум ee-42«кылым сотуна» айланып, кыргыз коомчулугун болуп көрбөгөндөй дүрбөтүп, удургутуп, уу-дуу түшүрүп, карандай жалган жалаа менен камакка алышып, же бир колго карманаар, ийнеге илинээр далилдери жок, ал гана эмес «андай же мындай болгон» деп айтаар «көзү тирүү» бир жарым күбөлөрү жок, күнөөсүз күнөөлүү болуп абакта отурган Жогорку Кеңештин депутаты, айтылуу «Ата-Мекен» партийасынын лидери Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ жөнүндө болмокчу.

Сөзүмдүн башында азгантай бир кыстырма кыла кетейин. Өткөн доордо (20-кылым) орустардын Островский деген «орошон» жазуучусу болгон. Билсеңер керек. Ошол жазуучу айыкпас катуу ооруну (муун оорусу) башынан кечирип, төшөктө жатып калганына карабай «Болот кантип курчуду» деп аталган өзүнүн көлөмдүү автобиографийалык романын жазып кеткени көпчүлүк адабийат сүйүүчүлөргө маалым. Николай Островский ал чыгармасын эркинин күчтүүлүгүнөн, болоттой курчтугунан, көк беттигинен жана кыйынчылыкка мойун сунуп, майтарылбас, бекемдигинен көздөгөн максатына жетип, баштаган ишин айагына чыгарып салган. Романдагы башкы каармандын аты-жөнү, болоттой курч жигит Павел Корчагин деп билебиз. Ал эми Павел Корчагиндин образын жараткан өзү, автор Николай Островский.

Кыйын шартта, алгач торчолор аркылуу тамгаларды терип жазса, кийин ага да алы келип жаза албай калганда жанына атайын бирөөнү отургузуп койуп, ошол адам аркылуу, ага айтып берип атып жаздырып бүтүргөн. Аны ошондой тагдыр сыноосу, оору, кыйналган учурлары улам курчутуп, тескерисинче кайратын күчөтүп, дем-күч берип, жазуучуну мүңкүрөтүп, сындыра алган эмес. Айтайын дегеним, эрки күчтүү, ички жан дүйнөсү таза, көздөгөн максаты менен беттегенин бербеген көк жалдарды эч бир кыйынчылык мизин майтарып, сындырып, чөгөлөтө албайт демекчимин.

«Болотту» болсо болтурдум. Эми өзүмдүн кыргыз кыртышыма келейин. Ар кандай доордо, заманда кыргыз журтчулугу деле нечен кыйынчылыктарды башынан кечирип, бир кырылып, бир тирилип дегендей, Кудайга шүгүр, жок болуп кетпей жолун, улуу Көчүн улап келет. Ошентип, эптеп-септеп жүрүп чейрек кылым мурун эркиндик деген бийиктикке жеттик. Эмне кылабыз, кубангандан жаман тебетейди тээ көк асманга көкөлөтө ыргытып жибердик. Кээ бир элди теңибизге албай, текеберлик кылып, аша чаап мактана бергенибиз андан көп. Жашырганда эмне? Эгемен эл болдук деп ээликкенибиз менен эңгиреп жан дүйнөбүз дале бош, элейип, башка бирөөнүнүн көзүн карап, тизелеп, бүгүлгөндөн өйдө көтөрүлө албай келебиз. Бул да кашкайган чындык. Дагы деле болсо улут катары бир нукка түшүп, ынтымак-ырашкерликти иш жүзүндө бутуна тургузуп кете албай, тымызын бөлүнүп-жарылып, глобалдашуунун жолуна түшкөндү мындай кой, аздап болсо да алдыга жылгандын ордуна, ар кандай себептерден улам келжейип эле кетенчиктеп туруп алдык. Эмнеси болсо да элибиздин эртеңкисине болгон үмүтү зор экени шек жаратпайт деңизчи. Анткен менен көптүн тилеги көл демекчи, көч бара-бара түзөлөөр, жаман учурларды жакшылык жеңет деп туралы.

6Кандай гана тарых болбосун, анын тарыхый инсандары, жаратуучулары, түптөөчүлөрү болот. Дагы кайталап кетейин. Ошол отуз жылга жакын эгемен кыргыз тарыхы менен кошо эриш-аркак эрмешип келе жаткандардын ана башында, кырчындай жаштыгын, бүткүл өмүрүн өзүнүн өлкөсүнүн түптөлүшүнө, эл-журтунун эртеңки келечегине, анын өнүгүп өсүшүнө, мыйзамдуу жолго түшүшүнө арнап, башын канжыгага байлап койуп, эч бир чаалыгып-чарчоо дегенди билбеген, күн сайын күрөшүн улантуудан тажабаган, түркүн жалган жалаалар жабылып, куугунтукталган сайын курчуган, кыргыздын чыныгы сыгаан, чынчыл жана көк жал уулу Өмүрбек ТЕКЕБАЕВДИН тарыхый таржымалына, өздүк бейнесине токтолуп, аз да болсо адамдык сапатын ачып бергенге аракет кылып көрөйүн дедим.

m-keӨзү, Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ деген ким?
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, Кыргыз сайасатындагы эң күчтүү, эркиндигибиз, эгемен кыргыз тарыхыбыз башталган күндөн тарта сайасый айдыңдын тикелей чордонуна, коомдук-мамлекеттик түзүлүштөрүнө баш оту менен сүңгүп кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин бир гана адилеттүүлүктү туу тутуп, тиги же бул жакка өтө качпаган, кимиси болсо да көзгө сайып, калыстыктан тайбаган,  башкаларчылап багытын өзгөртпөгөн, кандан-бектен кайра тартпаган, ажыдаары, ал эмес жети баштуу желмогузу болсун, тайманып, тартынып, коркуу дегенди түк билбеген, аты көп сайасатчы сөрөйлөрдүн арасынан чолпон жылдыз сымал өзүнчө бөлүнүп, жаркырап-жанып чыга келген, көзгө басаар, бирден-бир белгилүү, легендага айланган инсан.

Кыргыздын эки кырааны: Легендарлуу парламент депутаттары маркум Дооронбек САДЫРБАЕВ жана Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ.

Кыргыздын эки кырааны: Легендарлуу парламент депутаттары маркум Дооронбек САДЫРБАЕВ жана Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ.

Мен эч кандай ойлонбой, күмөн санабай туруп айталам жана Өмүрбек ТЕКЕБАЕВДИН болоттой курч сайасатчы экенине бөркүмдөй ишенем. Арийне сайасат деген ойунга «сасык» деген түшүндүрмө берип келишсе, кыргыз сайасатындагы «сасык» андан он эсе ашып түшүп, а тургай кээ бир учурларда сасымак тургай «былжып» кетээрин алдыртан алек болуп жүргөндөр менен эмне экени жөнүндө аз-маз түшүнүгү барлар абдан жакшы билишет. Ушул учурга чейин, чейрек кылымдык татаал жолду кыйалап келген кыргыз сайасатына кимдер гана келип, кимдер гана кеткен жок. Бир эмес эки ажо эл-журтуна келгис болуп, качып-безип жоголушту. Далай «мен» деп төшүн каккан сайасатчы «сөрөйлөр» өздөрүн-өздөрү «адилет башчыбыз» деп атап алган кутумдардын ар-кандай басым-кысымдарына туруштук бере албай, эл көзүнөн оолактап, тыптыйпыл жоголгондору канча? Ыңгайдан пайдаланганды илгиртпей түшүнгөн, өз көмөчүн, кызыкчылыгын гана ойлоп, кыргызды түп орду менен сатып ийгенге дайар саткындардын чырагына май таамп, андайлардын майкөл, сүткөл жашоосу эч бир токтоосуз уланууда. Кутуруп, канга тойгон биттей чатырап семиришти, каалагандай жеп-ичишти. Дал бүгүн да так ошолордун доору сүрүүдө. Андайларга даба жок экен, алар ар замандын эрке-талтаңы болуп көнүшкөн, акча, байлык менен мансаптын кулдары кутуруп жашаганды гана мыкты өздөштүрүшкөн, алар башкача жашоону элестете алышпайт, алар үчүн таптакыр жат көрүнүш.

ee-64Ал эми Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ дал ушундай жат жана жапайы көрүнүштөргө карандай каршы турган, андайлар өзүнүн өмүрү элдешкис, эгерим келишкис  душмандары экенин мыкты билген бирден-бир, жападан жалгыз сайасатчы. Өмүкени дал ошол мите курттар менен жеп-ичкич сүткор, сасык сайасатчы сөрөйлөр болоттон кем эмес кылып курчутту. Ал азыр болоттон да курч, керек болсо ажал менен арбашуудан качпаган, чыныгы көк жал, көрбөгөндү көрүп такшалган, эң тажрыйбалуу сайасатчыга айланган. Аны эми эч ким майтарып, сындыра албайт. Майтармак түгүл Өмүкенин атын айткандан коркуп, жанына жакын жологондон айбыгып качкан «койондор» четтен табылып турган кез. Өмүкени сындырып, сайасый айдыңдан айдап чыгып, «биротоло жок кылабыз» деп жулунган түркөйлөр өздөрүнүн таш-талканы чыгып, ар кимиси ар талаада каңгып калганын көпчүлүк, ал эмес жумурай журт азыр да жакшы билет.

ee-63Мен эми майда-чүйдөсүнө токтолбойун, Өмүкени өлтүрүп, дайынсыз жок кылып салууну канкор Бакиевдер катуу самап, түн уйкудан далай калышкан. Болгон амал-аракеттерин жасап, бийлигин, бандит-башкесээрлерин жалдап,  өлүп-талып, жанталашып, өтө балит, айбанчылык жолдорго баруудан да тарынышкан эмес. Өлкөнүн ичинен өздөрүнүн колунан «пок» келбей калганда, айлалары кетип, эптеп алыскы чет өлкөлүктөрдүн колу менен болсо да жок кылып тыналы деген карасанатай жолду ойлоп табышкан. Ошол сасык ойлорун ишке ашыруу максатында Польша мамлекетине расмий сапарга чыккан Өмүрбек ТЕКЕБАЕВДИН сумкесине билгизбей «наркотик» салдырышып, (атактуу «матрешка гейт» ошондон калган) ошол өлкөгө учуп барып конгондо «наркобарон» катары алардын мыйзамы аркылуу карматып, кылмышкер дедиртип, соттотуп, андан ары аттырып жок кылып салабыз деген каракчылык пландарынын таш-талканы чыгып, жүзүкара, канкор Бакиевдердин абийири айрандай төгүлүп, шерменде болушкан. Ал эми Өмүкебиз болсо Польша мамлекетинин акыйкат сотторунун адилет чечими аркылуу таза жана ак экендиги далилденип, акталып, ата-журтуна кадимкидей жүзү жарык бойдон, элинин шатырата кол чаап тосуп алуу бактысы менен кайра учуп келгенин кимдер гана билбейт.

(Улдандысы бар)

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия,
Келсинки шаары. 23.06.2017.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *