Jan 03

Көч байланыш..

******************************************************************************************************************
1

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР:  ӨЗҮМӨ КЕЛСЕМ ЧЫНЫГЫ ТӨКМӨ БОЛО ЭЛЕКМИН ДЕП ОЙЛОЙМ. КӨП УЧУРДА ЫРДАГАНЫМДАН ӨЗҮМ УЙАЛЫП КЕТЕМ.

«Көчүбүздөгү» салттуу «Байланышыбызды» уланттык. Кезектеги Байланышыбыз бүтүп бараткан жылда, 26-27-декабрда, ишенби-жекшемби күндөрү Бишкек убактысы бойунча кечки саат 19-00 дөн 24-00 гө чейин созулду. Аталган «Көч Байланышыбыздын» (Он-лайн) ардактуу коногу жети күн тынбай ырдаган атактуу Жеңижоктой залкарыбыздын жолун улаган ак таңдайлардын бири, айтылуу төкмө, акын  Жеңишбек ЖУМАКАДЫР  болду. 


******************************************************************************************************************

ээ 53Айтмырза АБЫЛКАКСЫМОВ. Бишкек шаары, КР.
Кеч жарык, кадырлуу Көчмөндөр! «Көч байланышты» баштаардан мурун баарыңыздарды келе жаткан Жаңы 2016-жылыңыздар менен куттуктаймын! Келе жаткан жылда эмне жакшылыктарды эңсесек, кандай аруу тилектерди тилесек баарысын Жаратканым ар бирибизге берип, келерки жылга карата койгон максаттарыбыз аткарылып, Өлкөбүздүн да, өзүбүздүн да жыргалдарбызды көрүү буюруп насип этсин!
Урматтуу Жеңишбек мырза, «Кыргыз көчүнө» куш келиңиз! Биздин арабызга келип, убакытыңыздын тардыгына, зарыл жумушутарыңыздын бардыгына, өзүңүздөр айтмакчы «алтын шилекейди чачыратып», сөздү сөзгө куюлуштура шатыратып, аңгеме куруп берүүгө макулдук берген ак таңдай акын Сизге жана ушул жолугушууну уюштурууга демилгечи болуп ишке ашырып жаткан алыскы Фин өлкөсүнүн Келсинкисинде жүрсө да жүрөгү «кыргызым-кыргызым» деп соккон «Кыргыз көчүнүн» Көч башчысы Асыран мырзага көчмөндөрдүн атынан, көчмөндөрдүн аксакалы катары ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер!

5«Төкмө акын Жеңишбек келет, ар кандай кызыккан суроолорго жооп берет!..» – деп Асыран мырза айткандан бери бир жумадай болуп калды, «Кыргыз көчүндө» болуп көрбөгөндөй шаң! «Кыргыз көчүндө» эмне болуп жатат?» – дешип, башка тайпадагылар аң-таң! Суроо берүүчүлөр суроосун тандап, тилек айтуучулар жакшы тилектерин камдап, даяр турушат.
Мен болсо Сизге бере турган суроомду өз кезегим келгенде берермин.

Азыр эми:
Куттуу болсун бүгүнкү кечиңиздер,
Зарыл иштин баарынан кечиңиздер.
«Кыргыз көчү» айылында бүгүн майрам,
Кыйшактабай бул жерге жетиңиздер.
Суроо берип, каалоо айтып Жеңишбекке,
Сырын угуп, ырын угуп кетиңиздер.
Анда эмесе төкмө менен жолугушуу,
«Ачык!» – деймин. Уруксат этиңиздер!
Баса,
Башка тайпа жарандары, калба «жашып»,
Көрөм дебе чоң төкмөнү «дубалды ашып!»
Көчмөн пейли кенен билсең, кел, келе бер,
Бүгүн бизде баарыңарга эшик ачык!

Эмесе, «Көч байланышын» баштадык!!!
Тартипти сактап, тизмедеги кезек менен суроолорду бере бериңиздер!..

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР
Ырахмат Сизге Асыран,
Ыр сүйгөн элдин атынан.
Кыйын болгон сыяктуу,
Кыйытып суроо бергенге,
Кыйындарды чакырам..

0000000049Чынара САРБАГЫШОВА. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсыңбы, иним! «Кыргыз Көчүнө» куш келипсиң!
Байыркы элиме бабалардан калган сейрек өнөрдүн ээсисиң. Ошол өнөрүң менен көп ийгиликтерди багындырып, элиңдин жүрөгүнөн орун алдың. Өтүп бара жаткан бул жылда да уучуң кур эмес. Ошол ийгиликтериң менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Менин суроом: Өткөндө «Бул жарыктык молдолор менен акындар окшош калк болушат экен» деп пост койдум эле. Кээлер бул экөөнүн ортосу асман менен жердей деген пикирлерин калтырышты. Буга сенин көз карашың кандай? Эгер экөөндө жакындык болбосо, экөөнү бир жүрөккө кантип сыйдырып келүүдөсүң?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Ырахмат каалооңузга! Молдо деген бул атайын ислам билимин алган адамды айтабыз. Бизде намаз окуп калганды: «аа молдо болуп калдыңбы?» деген туура эмес түшүнүк бар. Жөн гана ибадатын кылып жүргөн адам ал жөн гана мусулман. Өзү мусулман болуп туруп, милдетин аткарган мусулманды молдосуң деп какшыктайт. Баары тең түшүнүк жоктугунан келип чыгып жатат да. Мен мусулманмын ошол мусулманчылык милдетимди аткарып жүргөн мусулман кыргызмын. Сиздин кандай мааниде жазганыңызды окуй элекмин. Балким окуп туруп дагы жооп берермин. Чыныгы молдо акыйкатты айтат. Чала молдо акыйкатты жомоктотуп элди качырып айтат. Чыныгы акын да акыйкатты айтат. Чабал акын тунук жеткире албай элди иренжитет. Окшоштугу ушунда жана экөөнүн тең Кудайга деген ишениминде. Мисалы бир аалым динде ааламдын жаралышын баян кылып кара сөз менен элге жеткирип жүрсө, аны Жеңижок акын термеси менен эле айтып койгон. Акындын акыйкат айтуусу таасирдүүрөөк деп ойлойм эгер сөздүн күчүн пайдалана билип жана айткандары менен өзү да жашай билсе..

ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ. Мен Өзгөндүн Кара Шоро аймагынын Арагөл айылынан болом. Кесибим: мугалим жана юрист. Ассалому алейкум, Жеңишбек иним! Кыштан тынч, эсен-аман, кыйналбай чыгып атасыңарбы?
Учурашуу жана суроо берүү терме менен терип:
Куш келипсиң акын иним!
“Кыргыз Көчү” айылына.
Залкар акын келет дешип,
Кабар кылдык баардыгына.
********
Термени терип баштадым.
Тулпарды шашпай таптадым.
Күткөнүм Улуу акын деп.
Ыр дүйнөңө аттандым..
********
Жараткан берип талантты.
Ыр менен нечен таң атты.
Чеги жок төкмөң океан,
Чакырып элди баратты.
********
Акын деген ким болот?  1-суроом.
Кантип ага ыр толот? 2-суроом.
Төкмөнүң көркү эмнеде? 3-суроом.
Ыр чыгат кандай пендеде? 4-суроом.
*********
Тилиңдеги келмени,
Алла Таалам бериптир.
Келмеси жок акынды.
Неге баары жэриптир? 5-суроом.
********
Чыгаандыгың билемин,
Кабыл болсун тилегиң!
Аллага өзүң жакынсың,
Нееге келет илебиң? 6-суроом.
**********
Ыйманың дайым саламат,
Аллага өзүң аманат!
Кандай инсан чынында.
Аллага жакын баралат? 7-суроом.
********
Баракелде акыным,
Эл-Журтума жакыным.
Оболой берсин талантың,
АШЫРЫП ДАЙЫМ АКЫЛЫН!

Балли, балли залкарым.
Ушул эле айтканым.
Шүгүр деймин Аллага.
Өзүңсүң бүгүн тапканым!
**********
Сак-саламат жүрө бер,
Элиңе жанып күйө бер!
Океандай термени,
Эл-Журтуңа үйө бер!

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Калмамат агама жооп.
Калмамат агама айтайын,
Какылдабайм ай сайын.
Калың элдин кашында,
Кадырыңызды байкайын.

Алейкум салам!Ырахмат,
Айылым аман,бүт аман.
Суктанткан алгач негизи,
Суроо берген сиз аман.

Мен болсо жүрөм акырын,
Мезгилдин тыңшап басыгын.
Көр турмуш чайпап калганда,
Көбүнө жетпей акылым.

Акын деген -дарыя,
Агып турган ыр курап.
Чырм этип уйку албаган,
Чындык үчүн чыркырап.

Көктөн илхам келгенде,
Көкүрөккө ыр толот.
Кайнап чыкса айткын деп,
Качалбайсың шылтоолоп.

Өзгөнүн сыны жыйында,
Өпкөнүн ыйы чылымда.
Төбөлдөн коркпой төгүлгөн,
Төкмөнүн көркү ырында.

Ыйык келмени Жараткан,
Ылайыктап айт деген.
Жээрилсе кээ бир пенделер,
Тараза демек калк деген.

Баткагына күнөөнүн,
Батпайлы деймин тизеден.
Аллага жакын себебим,
Аны менен билем,ишенем.

Күүлөнсө канат экөөсү,
Куш учуп жерге коно алат.
Акылдуу илим билимдүү,
Аллага жакын боло алат.

Жараткан сизди колдосун,
Жамандыгыңыз болбосун.
Төрт миңден ашып кыбыраң,
Төрүңүздө ойносун.

Арагөлдө жашаган,
Тобуңузга баралы.
Токсондо улак тарттырып,
Тоюңузга баралы.

ээ 9Насыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаарынан, КР.  Саламалейкум байке. Ден соолуктарыңыз жакшыбы? Байке, манасчылар деле акын болот дешет го?. Бу акындар деле манасчы болсо болобу? Негизи Манас айтып, же Манас айтканга кызыгып көрдүңүз беле? Сиз айтсаңыз жакшы айтат болушуңуз керек?.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.
Алейкум салам Насыпбек.
Агаңа айттың азык кеп.
Манасчы болуп кетем деп,
Мактана албайм ачык кеп.

Кез кезде айтып калабыз,
Кеп чынын кантип танабыз.
Куюлтуп Манас айтканга,
Курсактагы балабыз.

Акындан деле Манас айтып жүрүшөт бирок деген жери бар..
Манасчыдан деле айтышка катышты бирок бизден кеми бар..

АзиретАзирет КЕЛДИБАЕВ. Санкт-Петербург шаарынан, Оруссия. Ассалом алейкум. Баарыбызга Аллахтын мээрими жана ырайымы болсун! Жеңишбек байке, эгер төкмө болбой калганыңызда Ким болмоксуз? Рахмат!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.   Алейкум салам Азирет!
Он беш жашымда Нарын театрга пародист сатирик болуп кабыл алынгамын. Залкарлардын концертинде жалаң алып баруучу болуп элди күлдүрүп жүрчү элем. Тагдыр экен акындыкка аралышып акын болумуш этип жүрөм. Бирок азыр ойлоном да акындыкты насип кылган Кудайыма шүгүр дейм. Бир улуттун улуу өнөрүн алып жүрүш дагы өтө оор жоопкерчилик деп түшүнөм. Ага болбой эгер акын болбой калганымда..
Жетине албай шыр төккөн,
Жети күнү ыр төккөн.
Каардуу менен арбашкан,
Казак менен кармашкан.
Ааламдын угуп дабышын,
Алперген элдин намысын,
Кайра эле акын болмокмун

А МанатМанат БООБЕКОВА. Бишкек шаарынан, КР. Жеңишбек мырза, көрүү жагынан чектелген таланттууларга кандай шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүгүң бар?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Манат эже, саламатсызбы. Биринчи Жараткандан Сизге чың ден соолук, тилеген тилектериңиз кабыл болушун сурайм. Сиз айткан маселе ойлоно турган иш экен. Мен түшүнүп-түшүнбөй калышым мүмкүн. Эгер Сиз ушундай ылайыктуу шарттар болсо деп сунуш кылсаңыз колумдан келген жардамды берүүгө даярмын. Кеңеше турган адамдар да бар дегендей.
Манат БООБЕКОВА. Чоң ыраазылык Жеңишбек мырза. Ал шарттардын бири мамлекет тарабынан эмгегине карай колдоого алуу. Инклюзивдик абалдагы ыр жазган азиздердин ыр жыйнак китебин чыгарууга көмөк болсо деген ой тилек болчу.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Макул. Ыйман фондусу бар. Мен кайрылайын, китепке жардам беришет деп ойлойм.

сатыкеСатывалды САЙПИДИН Уулу. Маскөө шаарынан, Оруссия. Ассалому алейкум Жеңишбек мырза. Силерди, Кудай берген талантты бийик коюп, бийлик мыкчыгерлеринен коркпой болгонду болгондой айткан, Жеңижок менен Эшмамбеттин талантын улантуучулар, алп акын Арстанбектин урпагы катары билем. Тээ көптөн бери көңүлдө жүргөн суроомдун жообун тапканга жардам берет деп ишенемин. Жан дүйнөмдү кыйнаган жалгыз суроом: «Адам уулу канткенде «АДАМ» болот?»
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.   Сатыбалды, алейкум салам!
Айтматов атабыз издеген жоопту Жеңишбек бечара табалар бекен?..
Үч суроого жооп тапкан адам чыныгы адам боло алат дейм ойлойм.
Кайдан келдим?
Неге келдим?
Кайда барам?
Сен берген суроо эми жалпылап берилген суроо да. Адам болуп жашап жаткандар деле жок эмес. Тилекке каршы алардын аз болгонунда жана адам боло албай жүргөндөрдүн түшүнбөгөнүндө.
Кожо Насирдинден сурашкан тура: «Сөөк салынып бараткан табыттын оң жагында баскан жакшыбы же сол жагында баскан жакшыбы? – деп. Ал айтат дейт : «Кайсы жагында баскан жакшы экенин айталбайм, бирок ошол табыттын ичинде болбогонуң жакшы» – деп. Ал сыңары кандай жашасак да айбан болбой адам болуп жашаганга аракет кылганыбыз жакшы.
Билбесе да билсе деле бакырган,
Бул дүйнөдө толуп жатат акылман.
Бирөөлөр бар эч ким деле тааныбайт,
Бирок аты асмандарга жазылган..

0Мусакун САТЫБАЛДИЕВ. Каракол шаарынан, КР. Жеңишбек, Мекенчилердин «Кыргыз Көчү» тобунун «Көч байланышына» куш келипсиң. Кирип келаткан Жаңы Жылың менен алдын ала куттуктайм! Жаңы жылда жаңы-жаңы чыгармачылык ийгиликтериң мол болсун! Эми мени түйшөлткөн суроом бирөө эле, ал төмөндөгүдөй:
Кыжаалаттан мен кыйналып келемин,
Жыртып алдык ыйман, ардын элегин.
Канткенде эми толтурабыз кайрадан,
Жан-дүйнөнүн бошоп калган челегин?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Мусакун агама жооп.
Куттуктооңузга ырахмат. Сизге дагы баардык бакытты каалайм.
Бир мамлекеттин келечегин көргүң келсе алардын жаштарына көз чаптыр дейт. Биздин жаштар жалпысынан жакшы жолго акырындан түшүп баратат деп ойлойм. Мен сыртка чыкканда зээндүү ыймандуу мекенге күйгөн кыз-уландарды көрүп жүрөм. Эгер биз өзүбүз аткарбаган нерсени балдарыбызга айтканыбыз таасирсиз. Ар кимибиз өзүбүздөн баштасак ал сөзсүз айланага таасир берет. Андыктан үйдө, бакчада, мектепте эң мыкты адеп ахлак берилиши керек. Ал үчүн айланып келип эле милдет бизге түшөт. Ар бир ата эне милдетин сезип мекенге келечекке сүйүүсү артып оңолсо коом оңолот. Коом оңолсо анан башчыларыбыз оңолот.Аракет кылсак баары жакшы болот деп ойлойм.
Бул турмушуң азап жана салтанат,
Баары сиздей кыйын экен байкамак.
Көп билгендер аз билем деп толгонсо,
Көп билем деп аз билгендер айталат.

Күнөө кылсак кетет тура айлабыз,
Көкүрөктө бүлүк түшүп,ар намыс.
Алып калыш таза бала чакасын,
Ар адамдын ыйманына байланыш.

ээ 62Гүлжакан МАВЛАНОВА. Бишкек шаарынан, КР.  Куш келипсиң, Жеңишбек иним. Эл сүймөнчүгү өзүңө, үй-бүлөңө тынчтык каалайм. Кыргызда, деги эле өнөр ээлеринде «аян» деген түшүнүк бар.
1. Элжиреген эргүү аян менен келген учурлар болобу?
2. Эртең менен турганда жана жатаарда кандай тилек айтасыз, рахмат.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Гүлжакан эжеке ырахмат. Өнөр берилген адамга илхам берилет экен. Кыргыздар түш көрүп ошол түшүн аян деп туура эмес атап алышкан. Мен маанисин айтып жатам.Көзү ачыктар кээде жиндердин шыбыраганн мага Кудайдан аян келип атат деп адашып жатышпайбы. Мага эргүү гана келет. Бирок түшүмө бирөөлөр келип: «ушуну айтпасаң өлүп каласың» дей элек. Ал эми түш көрүү, түш жоруу бул башка маселе. Аян Кудайдан периштелер аркылуу гана пайгамбарларга келе турган улуу сыр. Саякбай аксакал түшүндө бирөөлөр бир ууч буудай берип анан Манасчы болуп калган экен айтымында. Бул болгону жакшы түш. Азыр дагы бир Манасчы киши айтат дейт: «Түшүмдө бирөөлөр мага эки кап буудай берди» – деп. Саякбай бир ууч берсе, ага эки кап берсе Саякбайдан да кыйын экен деп күлүп жүрүшкөн.
Мен эртең менен таңкы намаз окуйм. Артынан дайыма мекениме элиме жалпы ааламга жакшылык тилеп суранам. Жатаарда өзүм үчүн жакындарым үчүн жана жалпы адамзат үчүн Алладан кечирим сурайм.

Элнура ЭЭлнура ЭҢСЕБАЕВА. Калининград шаарынан, Оруссия.
Ассалому алейкум!
Калкыма айтам саламды.
Көчмөндөрдүн коногу…
Жеңишбек байкем аманбы?
Эл катары мен дагы,
Суроо бере аламбы?.

Акын менен төкмөнүн,
Айырмасы эмнеде?
Төрт сап ыр жазса эле,
Акын болуу эп беле?

Жеке пикириңизди угайын,
Кошумча суроо сунайын.
Маданияттан сүйлөңүз…
Андан да бир аз сурайын.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.    Алейкум салам, Элнура!
Ырахмат кылган сыйыңа,
Ырахмат жазган ырыңа.
Бактылуу өмүр сүрө бер,
Байланып бакыт нуруна.

Айтма акын деп мени айтат,
Жазма акын деп сени айтат.
Кимиси акын ким төкмө,
Кулак салган эл айтат.

Негизи бизди төкмө дейт,
Эл көнүп калган акын деп.
Жаандай кеткен ырларга,
Жан дүйнөсү жакын деп.

Төкмө деген так айтсам,
Төп жорго улуу Жеңижок.
Алыкул, Жоомарт акындар,
Арабызда эми жок..

Айтмырза (2)Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Бишкек шаарынан, КР. Эми кезегим келди, суроомду берип калайын. Илгери Жоомарт Бөкөнбаев улуу Токтогул туурасында: “Конуп отурган куш кандай жеңил учуп кетсе, Токтогулга төгүп ырдап жиберүү ошондой жеңил болгон”, – деген таризде кеп кылганы бар эле. Куштун жеңил учуусу үчүн Жаратканым атайы канат берген эмеспи! Анын сыңарындай эле төкмөгө да төкмөлүк касиетти ыроолобогон болсо, кайдан төкмө чыкмак эле… Антейин десең тоокко деле канат берген го, бирок, көктү көксөгөн менен уча албайт. Тамдын башынан таштасаң, жерге чейин канат серпимиш болот, буту гана сынбай калганы болбосо…
Эми суроолор?
1. Төкмөлөрдүн да куштары, тооктору барбы? Болсо алар кандай аталышат? Сиз качантан бери өзүңүздү төкмөлөрдүн куштарынын арасында экендигиңизге көзүңүз жете баштады.
2. Сиз кандай шартта төгүлө төгүп ырдай аласыз да, кайсыл учурда даяр саптарды пайдалана баштайсыз?
3. Биз, жазмачылар, бир чакан ырды, апыртып айтканда, кээде эки-үч ай оңдоп-түздөгөн учурубуз көп эле кездешет. Сиздерчи?

Жоопторуңузга алдын ала ырахмат айтуу менен, талантыңыз ташкындап, эл-журтуңузга төгүлүп ырдап жүрө беришиңизге тилектештигимди билдиремин! Сизден оомат кетпесин!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Айтмырза агама жооп.
Мен сүрөтчүлөргө таңгалам. Бирдемелерди чиймелеп койсо эле окшошуп калат. Алар бизге таңгалат кантип төгүп жатасыңар деп. Бир гана туура жооп-Кудайдын ар кимге энчилеп берген өнөрү бар. Эми ал өнөрдү туура пайдаланыш ар кимдин өзүнүн колунда.
Төкмө жана жамакчы болуп бөлүнөт.
Мен каалаган учурда ырдай алам. Ошол төгүп баратып учурга туура келген өткөн төкмөлөрдүн саптарын колдонуп кеткен учурлар болот.
Мисалы:
«Барпы акын айткандай
Эки жилик эт жесең,
Бир каргыш бир май.
Эки агаин туугандын,
Бир кедей бир бай..» – дегендей.
Биз төгүп ырдаганыбызды эфирден көргөндө «ушул жерин мындай айтсам болмок экен» деген учурлар болот негизи.
Өзүмө келсем чыныгы төкмө боло элекмин деп ойлойм. Көп учурда ырдагымдан уялып да кетем.
Кыйкырып ырдаш кеппи деп,
Кызыкты көрөр кезби деп.
Кыйраткан мактаныч айталбайм,
Кырларга үнүм жетти деп.

Келечек эшик кең ачсын,
Калк үчүн маңдай тер аксын.
Кыйшыкты түзөөр башынан,
Кыйынды калыс эл айтсын.

7Максат АЗАМАТОВ. Тапиола шаары, Финляндия. Атсаломалейкум Жеңишбек байке! Акындар, төкмөлөр спорт менен машыгабы? Эгер машыкса спорттун кайсы түрүнө жакын келишет? Чынында сиздер сахнада (ринг) тил, сөз менен айтышып «мушташасыздар». Ошол «мушташка» чыгаарда сөз жаттап, машыгып катуу дайарданасыздарбы?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Алейкум салам, Максат.
Бизде ар кандай спорт. Амантай саркашка-арбашка спорт менен машыгат. Сапар акын күлүп машыгат дегендей. Тууганбай Абдиевдин жакшы сөзү бар. «Төкмө акындын университети досторкондун эле чети» деген. Элге көп ырдасак ошол биздин такшалуубуз. Айтышта болсо кимге туш келериңди билбейсиң да. Кандай тема козголорун да билбейсиң. Даярдыгыбыз эле ошол ой топтоп, ойлор аркылуу гана даярданмай. Жаттап койгон термелерин кээде колдонгон деле акындар бар. Бирок жаттап даярданган жагынан казак туугандарга жетпейбиз.

7Рахат ТАШТЕМИРОВА. Ханты-Мансы автономдук округу, Белоярский шаары, Оруссия.  Саламатсызбы? «Кыргыз көчүнө» кош келипсиз агай! Мен берейин деген суроолорум төмөнкүчө, алдын ала ыраазычылык билдирем!
1. Кудайдан берилген төкмөчүлүк өнөрдүн зыяны да тийбей койбогондур?
2. Кыргыздардагы ислам динине чейинки диний ишенимдерине болгон көз карашыңыз кандай?
3. Үй-бүлөнү кандай түшүнөсүз. Сиздин үйдө «казан-аяк кагышабы?»
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Рахат Таштемирова айымга жооп.
Кудай сактасын, зыяны тие элек, пайдасынан башка. Бир жолу Азамат экөөбүз менин концертимде ырдап атып мен: «Токтогулдан суу жоголду ким көрдү?» – деп ырдагам тамаша кылып. Анан эфирден кеткен. Ал кезде Эшимканов директор болчу. Концертимди тарткан режиссер Сагын Ниязалиева эже ыйлап чалат: – «Эмнелерди ырдагансың? Мени жумуштан кетиргени жатат» деп. Анан мага да бирөө чалды: «Эмне, Токтогулдун суусун сен текшерип калдың беле? Сүйлөшүп койолубу, тиги-бу» деп. Орозбек Молдалиев агага жолугуп калып айтсам. «Эми булар ушинтет, бирок эч нерсе кыла алышпайт» деди. Ушул окуядан башка эч деле терс нерселер боло элек. Болбой эле койсун.
Жеке эле кыргыздардыкы эмес ислам келгенге чейин бардык элдин ишеними ар кандай болгон. Кыргыздар деле бир Кудайдын бар экенине ынанып жашап келишкен. Болгону, ортомчу кылышып ар нерсеге сыйына беришкен да. Ислам болсо туура сыйынуунун жолун дагы көп улуулуктун өзөгүн алып келди. Үйдө болсо, азыр казан-аяк кымбаттаган сайын кагыштырбай деле калганбыз..
Бирде күлүп бирде туруп капамын,
Бирок дайым ичиндемин батанын.
Үмүтүмө үмүт кошуп колуктум,
Үч кыз менен эки уулга атамын.
Ыйман менен күндө жаңы көрүшүп,
Ырыскыны үй бүлөмө бөлүшүп,
Ырым менен багып келе жатамын.

ээ 30Лира КАМЧИБЕКОВА. Аксы районунан, КР.  Саламатсызбы Жеңишбек байке, Кутман кечиңиз менен! Сиздин чыгармачылыгыңызды бийик баалаайм жана таазим этем. Сизге берилчү жөнөкөй суроом төмөндөгүдөй, жана баарына ачык жооп бересиз деп үмүттөнөм:
1. Жеңемдин (жубайыңыздын) башка аялзатынан айырмаланган артыкчылык сапаты бар деп ойлойсузбу, болсо эмнеде? Жана ага, алгач сезимиңизди кантип билдирдиңиз эл?
2. Сизге акындык талантыңыз канча жашыңызда байкалды эле, жана эң алчкы ырыңыз эсиңизде болсо айтып бербейсизби?
3. Тили тизесине жеткен төкмө акындарыбыздын арасынан кимиси менен ырахат алып айтышасыз?
4. Элдин эле эмес, сахнанын да көксөөсүн кандыра ырдаган Жеңишбек акындын , Кыргыз Маданиятынын кай жеринен көксөөңүз толбой келет?.
Алдын ала ырахмат! Үй-бүлөңүзгө эсенчилик каалайм!  Сизге терең урматым менен!.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Лира айымга жооп.
Ыймандуу болсо алганың,
Ыймандуу өсөт балдарың.
Аялзат үйдө мугалим,
Аялуу назик ардагың.
Кабырганы түздөйм деп,
Кабанак кылып албагын, дегендей..
Жубайымдын ыймандуу болгонун жана иштермандыгын жактырам. Баш кошкондон бери эч жерде иштеген жок айлыгын өзүм берип келе жатам. Бактылуу ыймандуу кылып энелик мээрими менен балдарымды тарбиялап келе жатат. Мен үчүн бул чоң бакыт. Алгач автобуста таанышып, элчилеп «сүйөм» дебей эле үч айдан кийин сени алам деп айткамын. Үч айдан кийин барып үч күн сүйлөшүп он жети жашымда үйлөнүп алгамын.

Мектепте, кичине кезде ырларды которуп пародия кылыпырдай берчүмүн.
«Сен менен бак аралап баскым келди,
Сен менен кең асманга учкум келди.
Сен менен үйгө кирип тамак ичип ай,
Эшикке чыгып алып кускум келди»..
Айтор балалык сезим менен ой келди ырдагам да..
Көбүнчө Талант, Элмирбек анан Аалы менен ырдашканда ырахат алам.
Эми маданиятка көңүл бурабыз деп атышат. Бир жакшы жаңылыктар болоор деп ойлойм. «Маданият өлдү» деп өкүргөндөрдүн колунда да азыр. Тирилип калар буюрса.

0000000011Бермет БАЙКЕЛОВА. АКШ, Нью Йорк, Манхеттен. Саламатсыңбы, Жеңишбек иним! Көп жылдан бери жолукпай жүрүп бүгүн «Көч байланыштан» жолукканыбызга абдан ыраазымын. Келе жаткан жаңы-жылың менен куттуктайм, чооң ийгиликтердин жылы болушун каалайм! Акын болуу өтө оор, татаал кесип жана өзүңө окшоп эл купулуна толгон жакшы акын болуу андан да оор. Өнөр кесибинде ырчы-чоорчулар сахнага даяр чыгармасы менен чыгышса, акындар ар дайым сахнада улам жаңы чыгарма жаратасыңар. Ал үчүн абдан чоң күч таланттан да сырткары керек деп ойлойм. Мына ошол күч эмне, аны кайдан жанан кандайча топтоп аласың?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.   Бермет эжеге жооп.
Ырахмат эже,менде байлашканыма кубанычтамын.
Таланттан сырткары дагы күч бул китеп окугандан анан көп толгонуп аракет кылгандан деп ойлойм. Кээде таппай жүргөн нерселериңди китептерден таап анан аны бышырып туруп элге сунсаң тим эле укмушта. Аракет кылып туруп негизги күчтү Жараткан өзүң бере көр деп жалынмай.

ээ 84Райкүл АЙДАРАЛИЕВА. Бишкек шаарынан, КР. Жеңишбек иним, дегеле «Кыргыз Көчү» деген аталышка, кылым карыткан кыргыздын ушул өтө жагымдуу, мурас катары кабылданып келе жаткан сөзүнүн маани-маңызына сиздин түшүнүгүңүз кандай? Ыр менен төгүп жооп бере аласызбы? Рахмат.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Райкүл эжеге жооп.
«Кыргыз Көчү» – нукура, так, даана, кыргыздын баскан тарыхын билдирип турган сөз деп билем.
«Кыргыз көчү» баскан тарых,
Кылымдарга дастан тарых.
Ата баба жγрок толгоп,
Ат чаптырып айткан тарых.

«Кыргыз көчү» албан тарых,
Кылымдарга калган тарых.
Урпактарың унутушса,
Улут үчүн арман тарых.

«Кыргыз көчү» көчкөн тарых,
Кыл жолдордон өткөн тарых.
Башы кетип мекен үчүн,
Бабаң жашын төккөн тарых.

«Кыргыз көчү» муңдуу тарых,
Кызыл тилде ырлуу тарых.
Башка улуттун башы жетпес,
Бабам берген сырлуу тарых.

ТемирланТемирлан АКНАЗАРОВ. Бишкек шаарынан, КР.  Ассаламу алейкум!
Атактуу ага Жеңишбек.
Айтайын деген суроом,
Азырак бир аз этиш кеп.
Чыгарма сизден сурайын,
Чыгарсаңыз угайын,
Алдуусуз элге көп иштеп.
Айтыштын нугун негиздеп.
Апам бар менин кашымда,
Алтымыш сегиз жаштагы.
Ар дайым ойлоп түйшөлөм,
Арманы көп баштагы.
Бизди аяп татаал күн болгон,
Армандуу болуп жаш чагы.
Агарып калган оо эчак,
Карагаттай чачтары.

Калсам да мейли өзөрүп,
Койсомбу көңүл көтөрүп.
Деген түркүн ойлорду,
Тизмектейм сайма чөгөрүп.
«Сюрприз» болсун апама,
Сураарым сизден көгөрүп.

Ырдап берип коюңуз,
Үч куплет апама.
Ыраазы болуп кол жаяр,
Кабыларсыз батага.
Батасы тиер Кудайдан,
Сиз күткөн бала-чакага.

Өзүңүз айткан сыңары,
Акындын көркүн эл ачат.
Агылбай көлчүк суу турса,
Арыктын нугун сел ачат.
Сиз терген термелерди да,
Апам, такай угуп келатат.

Кубантып анда бериңиз,
Келтирип бир аз төгүңүз.
Кейитип алган апама,
Күч кубат берер кебиңиз…
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Темирлан мырзага жооп:
Алейкум салам Темирлан,
Айта турган кез келди.
Аалам тордогу баарысы,
Акын болуп кеткенби.
Телмирбей байке төкчү деп,
Темирлан мени текшерди.
Апаңды багып жатканың,
Анда сен бейиш тапканың.
Азамат дайым ушинтип,
Аздырган кепти айтпагын.
Күлдүрүп алып батасын,
Күнү-түнү барктагын.
Эми апабызга арнайын,
Ырдап бер окуп ар жагын.
Энеке сизге айтарым,
Эч болбосун арманың.
Бактылуу кары экенсиз,
Бапестеп турса балдарың.
Алтымыш сегиз жашыңыз,
Андан да ары басыңыз.
Жел суукту тоготпой,
Жетимиштен ашыңыз.
Сексенге туура чыкканда,
Чар тарапка той берип,
Чакыруу билет жазыңыз.
Кол сунуп эсен болуңуз,
Куда сөөк,досторго.
Жарышып келин-кыз менен,
Жашыңыз барсын токсонго.
Ойлогонуңуз бүт болсун,
Ой кырсыз жолуң түз болсун.
Балдарыңыз дайыма,
Колуңузга кол болсун,
Бутуңузга бут болсун.
Жамбылдан ашып буюрса,
Жашыңыз апа жүз болсун.
Керек болсо мына деп,
Жүз онго чыгып коюңуз.
Кадырлуу кары аталып,
Калк ичинде болуңуз.
Жүз жыйырмага жеткенде,
Жүдөттө бербей Темирли,
Шыдыр болсун жолуңуз

ээ 64Эрлан НУРМАМБЕТОВ. Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы эл-журттун Сүймөнчүгү Жеңишбек ага. Сизге жаңы жылда жакшы ийгиликтерди каалоо менен 2 суроо узаткым келди.
1-суроом: Сиз аркалаган акындык өнөрдө элибиз акындарды 3 түргө бөлүшкөн.
Ошол 3 түрдүү деңгээлдеги акындар кандай болот жана кандай аталат айтып берсеңиз. Жана өзүңүздү кандай акынмын деп айта аласыз?.
2-суроом: Илгери кыргыз хандары өнөр адамдарын, өзгөчө акындарды абдан аздектеп сыйлап келген. Ал тургай хандар да акындарга үйдүн төрүнөн орун берип, анан үйгө өздөрү кирчү. Бүгүн казак ажосу да ушундай дешет. А биздин чиновниктердин кимисинен ушул жөрөлгөнү байкайсыз?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Эрлан мырзага жооп.
Ырахмат Эрлан. Сага дагы жакшылыктарды каалайм. Биринчи сурооңо жогору жакта жооп берген элем. Убакытка байланыштуу экинчи сурооңо жооп берейин. Илгери, ооба ошондой болгон. Бизде азыр төрөлөр жеке той берсе чакырышат. Арасында сыйлап төргө отургузуп сыйлагандары деле бар үйүнө барып калганда. Казактын президенти негизи эле өнөргө жакын экен. Бир эки айтышка да катышкан деп уккамын. Өткөндө барып ырдап келдим жакшы кабыл алды. Дагы өнүксөк,маданият көтөрүлсө улуттук өнөрдү да түшүнгөн төрөлөр чыгат деп ойлойм. Азыр бардык жактан ой басып там туң баскан баладай болуп турганыбыздын себеби тийип жатса керек деп сооронуп туралы.
Эрлан НУРМАМБЕТОВ. Бүгүн атайы кыргыз өңүн таап 1-суроомдун жообун сизге айтайын кечээ шарт болбой калды эле. Элибиз акындарды 3 кө бөлүшкөн. 1- алтын жаак, жез таңдай, булардын ыр көрөңгөсү абдан бийик. Сөздөрү куюлушуп 1 айда да бүтпөйт. Бирок, бул ырчылар акындыктан да Манасчылыкты 1-орунга коюп, көбүнчө Манас айтышат. Төкмөлүктү кийинки орунда көрүшөт.
2-акындар булар кара жаак, кайкы тил деп аталат. Булардын ыр көрөңгөсү азыраак болгондуктан Манас баш болгон дастандарды айта алышпайт. Негизинен төкмөлүк кылышат. А 3-лөру жамакчылар Агай, сизди ушундай жооп береби дедим эле. Өзүңүз Манасты айтсаңыз анда 1-түрдөгү акынсыз, болбосо сиз кара жаак, кайкы тил төкмөгө кирип калат экенсиз.

ээ 17Чынара КАЛЫБЕКОВА. Бишкек шаарынан, КР.   Саламатсызбы, Жеңишбек мырза? Мен искусство адамы катары сиздин эмгектериңизге ар дайым көз салып, канааттанып келем. Ошондой эле сизди маданият майданында маңдай тери менен көрүнгөн төбөсү төрттүн бири деп билем! Сизге ден – соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетүү менен, бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизге бере турган төмөндөгүдөй суроолорум бар.
1. Учурдагы маданиятыбыздын аксак жүрүшү сизди канааттандырабы?
2. Кандай болгондо биз маданиятыбызды көтөрө алабыз?
3. Маданиятыбызды көтөрүп кетчү адам деп кимди көрсөтө аласыз?
4. Кыргыз маданият – искусствосун көтөрүш үчүн маданият кызматкерлерин эмнелер менен камсыздандыруу керек?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Чынара эжеге жооп.
Ырахмат эже жакшы тилектериңизге.
1. Өзүңүз жазып жатпайсызбы,маданияттын аксак жүрүшү деп. Демек мыкты деп айтыш кыйын.
2. Мамлекет жакшы көңүл бурса эле көтөрүлөт го дейм. Өнөр адамдары жаш баладай да. Жакшы дем күч татыктууларына сыйлык наамын берип, министрдин колуна көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берсе деген ой. Биздин министр өзү жалгыз баарын чече албаса керек деп ойлойм.
3. Аракет кылгандар бар, шүгүр. Садык Шернияз, Карганбек Самаков жана өз киндигин өзү кескен кино жана театр режиссерлор айлыгына чыдаган актерлор, ж.б.
4. Акча каражаты жакшы бөлүнүшү керек. Сыйлык наам туура берилиши керек. Маданият үйлөрү оңдолушу керек. Ушу 25 жылдан бери спорт ордого ырдап келатабыз. Ал жер айла жоктун иши да. Жалгыз Филармония, миң орун ал дагы. Кошуналардыкындай кенээн, сонун бир концерт зал салалбай коюшту. Эми айта берсе көп. «Залкар» деген көзгө басар адамдар жатаканада жашап жүрсө..
Чынар КАЛЫБЕКОВА. Жеңишбек мырзанын жообуна абдан кубандым. Деген менен таамай берилген жооп болду. Чыгармачыл адамдарды баардык жактан көтөргөн кезде Маданияткөтөрүлөт. Маданиятка «Маданият» деп ооруган ИНСАН керек.
Залкарлардын өлүгү жатакана менен батирлерден чыгып жатканын эң биринчи Мамлекет ойлонуусу керек..

ээ 74Тазагүл ПРАТОВА. Ош шаарынан, КР.  Ассаламу алейкум? Көптөн берки орчундуу жана олуттуу маселелердин бири болгон миграция маселесине кандай карайсыз, дегеним акыркы учурда анын оң жагынан терс жактарын аябай көп кездештирип жатабыз, мисалы жарым-жарты үй-бүлөлөр көбөйдү, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн кыргыздарга эмне зарыл деп эсептейсиз?
Удаалаш суроом: Ак менен караны айырмалап ажырымга бөлүшөт, эмне, «каранын» «актай» ыйыктыгы жокпу, не?! Дегеним, «карадан» да пайда таап, жакшы нерселерди алган учурлардан айтып берсеңиз?…
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР. Тазагүл айымга жооп.
Алейкум салам. Кайран кыргыз айла жоктон сыртка акча табайын деп кетип жатышат. Акча таап, байып, пайдасы тийгендер да көп. Мен башынан кыздарыбыздын жалгыз кеткенине каршымын. Акча табат деп жиберип койгон ата-энесине, байкесине, инисине таңмын. Биз кыргыздар кыздарыбызды деги эле аялзатын алпештеп гана турушубуз керек. Аялзат бакытты өз үйүнөн табат. Күйөөсүнүн жанында, бала жытын жыттап, ал балдарга сабак бере турган университет да аялзаты. Эркектердин акмакчылыгынан, аялдардын алсыздыгынан үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Бир келесоо акча табам деп кетип башка бирөөнү таап алып, балдарын, аялын таштап койгондор толтура. Баары келип ыйманга такалат экен. Мына, мен жыл сайын Москвага барып ыйман кечесин өткөрөбүз. Былтыр алты миң кишилик залга киши батпай, укмуш болду. Ошол жерден туура жолго түшүп оңолгон эже агайларды көрдүм. Бир жылы барып жүз кыргыз кызы аборт болгонуна жаман болдум эле. Мамлекет дагы, биз дагы туура иштерди жүргүзсөк улут маселесин, ыйман, тарбия маселесин жеткирсек жакшы болот деп ойлойм. Мага айтып калышат, сенин баланча ырыңды угуп атып арагын, тамекисин таштады деп. Муну мактанып жазганым жок, демек, туура айтыш керек, деш керек, чын ыклас менен күйүү керек. Ар бир атуул жашаш үчүн эмес ,башкаларды жашатыш үчүн жашаш керек деген пикирде болсо сонун болот баары..
Караңгы түндүн пайдасы бар уктаганга, же түн ортосунда туруп ыйлап, ибадат кылганга.

7Айдана ОРОНОВА. Касерта шаарынан, Италия. Өмүрү өңүмдө көрбөгөн айтылуу ак таңдай төкмө акын Жеңишбек Мырзага ийгилик каалоом менен бирге суроом төмөндөгүчө:
Айтыштар башка улуттар арасында болсо кайсы тилде жана кимдер менен айтышка чыгат элеңиз?
Ата бабаныздан калган жана балдарыңызга калтыра турган үй-булөөлүк мурасыңыз?
Акыркы суроом кичине тамашалуу болмокчу..
Түшүмдө Алма-Ата шаарында сиз экөөбүз жүрөбүз.
Ал шаарда бийиик үйлөр, баары тунук, асман андан да тунук, таза. Биз асманды карап алып бир нерсени сүйлөшүп жатыптырбыз. Жооп бериңизчи? Эмнени сүйлөшүп жатканбыз?
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.   Айдана айымга жооп.
Башка улуттар менен айтыш болсо, Сороско «миллион-миллион доллар байгеге кой» деп эң кыйыны менен айтышмакмын. Жеңген акчама Кыргызстанга эң мыкты заманбап оорукана жана беш миң орундуу театр салмакмын.
Балдарыма калтыра турган мурасым Пайгамбарыбыз айткандай:
«Ата балдарына туура тарбиядан өткөн мурас калтыра албайт».
Түшүңүз ылайым туш болсун.
Ошондо билесиң, эмне деп сүйлөшкөнүбүздү. Азыр эл укса..

0000000038Керимбек КАДЫРКУЛОВ. Маскөө шаарынан, Оруссия.  Ассалоомуалейкум, Жеңишбек иним аманбы? Жетине албай Маскөөдөн, Агаң айтат саламды!.
Эл катары мен дагы бир-эки суроо жөнөтүп калайын, кеч болсо дагы.
1. Азыркы саясатчылардын оң- тетири иштеринин эң ирилери кайсылар?
2. Тибеттин Далай Ламасы айткан “динди жойуп, адамдык баалуулуктар менен коомду тарбиялоо” деген ойго пикириң кандай?
3. «Кыргыз маданиятынын консепциясы» зарылбы, китеп кылып чыгаруу керекби?
Алдын-ала ырахмат!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Керимбек агама жооп.
Алейкум салам. Оң жагы кумар оюндарынын жабылышы. Тетири жагы кайра чоңдордон колдоого алынышы. Чегара маселесинин чечилбегендери. Жалпысынан бир эле орунда тургандайбыз.
Элдин качан, качан? – деген суроолорунун бүтпөгөндүгү.
Баш кесип тил кеспеген,
Байыртан бабам салты.
Жүдөтөт жан дүйнөнү,
Жүрөктө заман дарты.
Кышында терин аарчып,
Кычырап байлар жүрөт.
Байпагын бүйрүй албай,
Базарда балдар жүрөт.
Оорукчан курсактардан,
Оорукчан бөбөк чыкты.
Айкырып элди бөлгөн,
Абыке,Көбөш чыкты.
Дайныңды таптырбаган,
Даамсыз жыргал чыкты.
Мазгиңди кокуйлаткан,
Маанисиз ырлар чыкты.
Аралаш арам,адал,
Ар жерде арзан базар.
Көчөңдү иренжитип,
Көбөйдү байтал базар.
Кайдыгер деңизине,
Кайыгың чөгүп барат.
Тик сүйлөп киргиздериң,
Тилибиз өлүп барат.
Ырыстуу элден элек,
Ыр айткан кагазы жок.
Жооруду кайран кыргыз,
Жол баштаар Манасы жок..
2. Далай Лама пайгамбар бекен? Кыргызча айтканда байкабай былжырап алыптыр. Адамдык баалуулуктар баарысы динден алынат. Азыркы заманда гана динди жаман көрсөтүү саясаты күч алып жатат да. Террорист десе деле, тиги десе деле динге шылташат.
Мусулман террорист эмес,
Террорист мусулман эмес,
Ичи бузуктар оюн кылышат.
Ислам бирок бузулган эмес,
Демократ ак чачтар көп,
Динди бузуу максаттар көп,
Жөнү башка дили жалган.
Жөөттөрдүн тилин алган,
Дин жамынган акмактар көп,
Билимдүүлөр чыккан жерден.
Бак кетпейт деп уккам элден,
Ишенсеңиз уят болот.
Ит өлсө да киши өлсө да,
Исламга шылтай берген..

08 foto 1Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки шаары, Финляндия.
Жеңишбек мырза, кечээ жаздың, кыргыздын залкарларынын бири айтылуу талант Сейитказы Андабеков аксакалды он беш жашыман ээрчип, акыл-насаатына сугарылып чоңойдум деген тейде..
Андан сырткары, атактуу төкмөлөр менен дагы аралашып, алардын да далай кешигин ичип калсаң керек? Биринчи суроом: Ошол устаттарың менен башка маданийат чөйрөсүндөгү адамдар эмнеси менен кескин айырмаланып турчу эле? Себеби дегенде, мен жеке ойумда төкмөлөрдү өзгөчө касиеттүү, ажайып кут даарыган башкача адамдар катары баалай берем.
Экинчиси, кыргыз төкмөлөрү көбүнчө казактар менен айтышып жүрүшөт эмеспи. Эми ушул эки элдин төкмөлөрүнүн айырмасы кандай? Кимисинин деңгээли жогору турат, салыштырмалуу?.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Асыран агама жооп.
Улуу устаттардын өзгөчөлүгүн сөз менен жеткире албайм. Чыны менен алар башкача сезилчү. Ашыкем дайыма «Осокем, Осокем» – деп эле Осмонкулду эстей берчү. Мендеги сезим балким Осмонкул тууралуу Ашыкемде болгондур. Дагы бир башкалардан айырмачылыгы, албетте төкмө болгондуктары. «Өнөр алды кызыл тил» деп бекер айтылбаса керек.
Алтын үндүү Эстекем,
Ала салбай көтөр деп.
Алкыштын сырын үйрөттү,
Таң булбулу Тууганбай.
Таймтаңдап жүрүп өсөр деп,
Тартыштын сырын үйрөттү.
Ажыдаар акын Ашыкем,
Айтылчу кепти бекемдеп.
Айтыштын сырын үйрөттү,
Сапарлаш жүргөн кечээ күн.
Сары алтын устаттарымды,
Сагынып жүргөн кезегим.
Кийип калдык чепкенин,
Окуп калдык дептерин.
Жадыбалдай жаттадык,
Куюлушкан кептерин.
Байкабай калган экенбиз,
Залкарлар келип кеткенин..
Кыргыздардын деңгээли жогору албетте. Казактар биздин төкмөлөрдөй кара нөшөр боло алышпайт. Ар обонго салып шоу кылып жатышат өздөрүндө деле. Эгер биздикилер алардай жородо ырдаган обондор менен төксө караандатпай кетишет. Казактар жаман дебейм бирок көбү кагазга жазып даярданып чыгышат.

НурзадаНурзада РЫСКЕЛДИЕВА. Маскөө шаарынан, Оруссия.   Ассалоому алейкум Жеңишбек!
Куш келипсиң биздин кутман төргө!!
Мен араң жетишип келдим. Кечириңиздер!!
Суроо..
1. Ажы боло электеги Жеңишбек менен ажы болгондогу Жеңишбек….
Айрымасын билгим келди?
2. Жеңишбек менен победанын айрымасы..
Беш айрыма тапсаң?
3. Бир маегиңде Майра эже менен айтышканла гана айтыштын даамын татам дегенсиң.
Экинчи Майра жаралышы мүмкүнбү? Аракет кылсак..
Ыр менен жазган куттуктоом, суроом үйдө калып калыптыр….
Уруксат берсең.. үйгө барганда өздүк куржунуңа салып коёюн>
Алдын ала чоң рахмат! Бар бол!
Өмүрүң узун, Өрүшүң жайык болсун! Жашоодогу түркүгүң бекем,
Жакындарың эсен болсун! Жакшы иштерге башчы..
Жакшылыкка дарчы болуп жүрө беришиңди каалайбыз!
Ар дайым бар бол!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.  Кечигип келген Нурзада айымга жооп.
1.
Жашымда көп сырларды бөлүшбөпмүн,
Жараткан берген жолго келип жеттим.
Мурунку Жеңишбекте каталык көп,
Мен азыр өзгөрүлгөн Жеңишбекмин.

Алкынып дайра болуп киргенимде,
Алдуумун деп ойлопмун бир күндөрдө.
Алсыздыгым уялып кеч түшүндүм,
Алланын кулу экеним билгенимде.
Майра жеңедей жаралат деңизчи кызыгы андай тамашөкөй, бетке чабар жана мендей кайнисине сырдаш боло албастыр. Дайыма айтышканыбызда сонун тамашалар чыгаар эле. Жаны жаннаттан болсун!
Жеңишбек менен победанын беш айырмасы эмес эки айырмасын билбейт экемин. Билбегеним айып эместир, кат куржунга жообу керектир. Аял киши шоктонбойт, Бир шоктонсо токтолбойт. Жакшы аялдын үйүндө, Башкадан колу бош болбойт.

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ
“Жеңишбек төкмө келди!.. – деп,
Жергебизде дүң болду!
Суроого жооп төп келип,
Сонун эле күн болду.

“Кыргыз көчү” тайпада,
Кызыктуу бүгүн кеч болду.
Көпчүлүктүн маанайы,
Көз көрүнөө “беш” болду!

Не кылмак элек келбесе:
“Не хочу!..” – деп тырактап…
Жооптору менен кубанткан,
Жеңишбекке ырахмат!
Эмесе, ушуну менен эң кызыктуу да, пайдалуу да “Көч байланышы” аяктады.
Жеңишбек төкмөгө “Көч байланыш” убагында айтылган тилектерибизди, каалоорубузду Жаратканым толук энчилеп берсин!
Жеңишбек,
Колуңдан комузуң түшпөсүн,
Кардыгып үнүң бүтпөсүн.
Калыктан өткөн төкмө бол,
Калкыңдын актап күткөнүн…

Көз кырын салып Кудайым,
Көп берсин сага жыл-айын!
Жеринен төкмө жетпеген,
Жеңижок болгун ылайым!
Ал эми бүгүнкү иш чарага катышкан баарыңыздарга узун өмүр, адамдык бакыт, түгөнбөс эргүү, албан ийгиликтерди каалайбыз!
Дагы бир жолу келе жаткан Маймыл (Мечин) жылыңыздар менен куттуктайбыз!
Аман болсун, бар болсун КЫРГЫЗЫМ! Жашасын Көчмөндөр!!!

Мусакун САТЫБАЛДЕВ
«Манасчылык» менен төкмөлүк деген кыргыз улутуна ыроолонгон улуу дөөлөт, ыйык касиет экен. Мына ошол ыйык дөөлөттү, касиеттүү өнөрдү аздектеп алып жүргөн кыргыз журтумдун кулундарынын бири – төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр. Баятан бери ааламтордогу көптөгөн адамдардын кызыккан суроолоруна ынанымдуу, маңыздуу жоопторун берди. Эмесе Жеңишбек иним, Улуу Жараткан ыроологон сейрек, көрүнгөнгө энчилене бербеген өнөрүң мындан ары да өркұндөп-өсө берсин! Элибиздин көйгөйүндөгү кыял-максаттарын жар салып, талыкпаган торгойдой сайрай бер, ылайым үнүң кардыкпасын! Өмүрүң тозбосун! Ак жол берсин! Бар бол, алтын иним! Бар бололу, бир бололу “Көчмөндөр!” Жаңы жылыңыздар менен!

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.
Асыран байке Сизге жана баарыңыздарга чоң ырахмат!
Татыксыз болсом да чакырып элден күч-кубат дем алып бергениңиздерге!Кыргыз болуп калганыма дагы бир жолу сыймыктануу менен дайыма бар болуңуздар демекчимин!

Тазагүл ПРАТОВА
Мен акын менен кошо отуруп, бир тайдын этин жегендей, кырк чанач кымыз ичкендей болдум! Рахмаат!

Гүлжакан МАВЛАНОВА
Чоң ырахмат. Кыргыз элинде силердей төкмө-акындар көп болсун.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ
Укмуштай көкөлөп калдык, Жеңишбек. Аз болсо да саз руханий байлык ала түштүк десем болот. Керемет суроолорго керемет жооптор болду! Өркөнүң өсүп, талантың ташкындай берсин, Жеңижоктун жолун жолдогон, Ашыке, Эстеке, Тууганбай аттуу залкар төкмөлөрүбүздүн “шаа мүйүз” шакирти, кенедейинен талпынган келечектин залкары!.
Алты саат тынбай “атырылып” төгүп бердиң! Талантыңа таазим кылабыз!.

Калмамат ТУРДУБАЕВ
Көчмөндөрдөн ак бата!

Залкарым менин Жеңишбек,
Айтылды бүгүн асыл кеп.
Жакшылык каалап турабыз,
Барчылык элде болсун деп.
.
Өркүнүң өссүн көкөлөп,
Туугандар турсун бөпөлөп.
Илхамды Алла бергенде,
Душманың качсын төтөлөп.
.
“Эл акынын” алгының,
Элдик болуп калгының.
Биз жактарга тартынбай.
Бакыйып эле баргының.
.
Көчмөндөр берип батаасын,
Алдыга сүрдү абасын.
Айтмырза акын абабыз,
Акылман биздин бабабыз.
.
Алладан келип илибиң,
Аткарылсын тилегиң!
Алдыга чыгып дайыма,
Эл-Журтуң болсун тирегиң.
.
Бала-чакаң көп болсун,
Бут-кийим үйгө бат толсун!
Неберелер көбөйүп,
Молчулук үйдө бар болсун!
.
Оомийн, батаа-батаа берели:
.
Батаа, батаа ак батаа!
Бабалардан бул батаа!
Батаа, батаа берилет,
Баба, батаа делинет.
.
Каалаган тилек-максатың,
Аткарылсын Алладан!
Кабыл кылып Жараткан,
Пендесине тараткан!
Бул батаа сага берилди,
Аллалап алга бараткан!
.
Кулдук уруп Аллага,
Алла сөзүн тараткан!
Бабалардын батаасы,
Алладан сага жол ачкан!
Көтөргүлө билекти,
Жараткан берсин тилекти!
Оомийин!!!

Темирлан АКНАЗАРОВ
Ар дайым ден соолукта бар болуңуз, биз Сиз менен ар дайым сыймыктанабыз, дайыма эле эл алдында сыймыктын ээси сыйлыктын тоосу болуп аман жүрүңүз, чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар бир жоопторуңуз олуттуу жана татыктуу болду.

Нурзада РЫСКЕЛДИЕВА
Көчмөндөрдүн төрүнө келип, жан дүйнөнү..
Бирде толкутуп, Бирге ойкутуп, Бирде коркутуп..
Байланышка чыгып бергениң үчүн ыраазычылык билдирем! Сендей асыл заиандаштарым менен сыймыктанам!!!
Кеч келип жакшы ыракат алалбай калдым, эми окуп чыгам, ыракаттанып.
Алтындай убактыңдын бир үзүмүн КӨЧМӨНДӨРгө арнаганың үчүн, ыраазычылык билдиребиз!!
Чоң рахмат! Дарегибизди билип алдың.. келип тур

Элнура ЭҢСЕБЕВА
Керемет инсандан керемет ыр саптары жаралат эмесби. Талантыңызга таазим!
Бекем ден соолук, үй бүлөөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм!

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР
Салтты улап, мага берилген суроолордун ичинен Айдана айымга белегимди берейин деп чечтим. Мен сыйлаган чоң бир окумуштуу – аалым адамдын, эң мыкты жан дүйнөгө өтө пайдасы тийе турган – “ЖАН ДҮЙНӨ ЖАҢЫРЫГЫ” аттуу китебин бермекчимин.

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ
Ошентип, “Көч байланышы” да болду, Суроолор берилди оңду-солду.
Анткен менен Жеңишбек төкмөнүн, Жооптору көңүлгө толду.
Баарыбызга жакты го дейм жолугушуу,
Көкүрөккө алып туруп айтсак колду!
Демек, бул жолугушуу менен Жеңишбек мырза,
Башка төкмөлөргө ачып берди окшойт жолду.

Калмамат ТУРДУБАЕВ
Төксө достор, төгөлү!
Берилип бир төгөлү,
Дараметти көрөлү.
Агай балли, баштады,
Төкмөнү төгө таштады.
Жеңишбек келип кут даарып,
Астананы аттады.
Эй берендер келгиле,
Төкмө төгүп бергиле!
Төкмө деген төгүлөт,
Төгө албаган бөлүнөт.
Тээ алыстан берендер,
“Байге” берет көрүнөт.
Кел “Көчмөндөр” төгөлү,
Акыбалды көрөлү.
“Байге” десе берендер,
Келип калар эрендер.
Майрамдап биз жыргайлы,
Аз да болсо ырдайлы.
.
Суудай ырлар агылсын,
Ыр-күүлөр да жаңырсын.
Чыгаан акын Көчмөндөр,
Бакытка да кабылсын!
Төккүң келсе төгүп кал,
Өпкүн келсе өбүп кал!
Кут болсун Жаңы Жылыңар!
Алгалап алга жылыңар!
Көчмөн элим садага,
Бактылуу болуп туруңар!
Эй, Көчмөнүм келе бер,
Ыр төкмөңдөн бере бер!

«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, публицист. Финляндия, Келсинки шаары. 26-декабрь, 2015-жыл.

******************************************************************************************************************