Эне жөнүндө баллада..

*****************************************************************************************************************

ээ 11 аЫШКЫНЫМДЫ ООЗ ТИЙБЕЙ КЕТКЕН КАЙРАН ЭНЕМ!

Чоң атам менен чоң энемдин колунда өстүм! Өз атамды байке, энемди жеңе дейм! Мени Сыдык кызы Аписа төрөгөн. Атамды Сүйүнбай баласы Ырсаалы дейм! Атам согуштун убагында суук тийгизип алып ошонун кесепетинен эки көзү тең көрбөй калган. Бир күнү энем ооруп калды. Осмон деген аяш атамдын койун айдашып жайлоого жеткиришкени кеттим. Анткени, колхоздун койуна кошуп биздин беш чоконду кошо багып келмек. Эки түнөп жүк көчүргөн машина менен кайра артка кайттым. «Чийлүү-Колот» деген жерге жеткенде шофердон «токтоп койсоңуз» деп сурандым. Темирбек деген байке эле. «Теки» деп эркелеткен, азыркыга чейин эле айылдын эркеси.. Чуркап барып тоонун бетинен кучагыма толтура ышкын терип келдим. Өзүм да жебедим, Текиге да ооз тийгизбедим. «Энеме алып барам, ышкындан жесе айыгат» деп жүрөм бала кыялымда. Айылга жеткенде мени үйгө чейин жеткизбестен бир чакырымдай жерден түшүрүп салып, үйүнө кайрылып кетип калды. Апам тигип берген чапаныма ышкынды ороп алып үйгө жөнөдүм. Жолдо «Чулу» деп койоор элек, менден бир жаш улуу бала суу алып жатыптыр. Ээй, ышкын бе-ерчии? – деп жалдырап, ээрчиген бойдон калды. «Жоок! Бербейм! Энеме алып баратам» десем, «энең өлүп калган» – деди. Ошол жерден ышкыным да чачылды, көзүмдүн жашы көл болуп бакырып жөнөдүм. Эмне болгонун өзүм да билбейм. Эсиме келсем мурдум канап жатыптыр. Кайра ыйладым! Байкем (атам) келип урушту, коркот элем! Бирок, коркпостон жек көрүп ыйладым! Кайра эсимден танганча ыйладым! Бирок, энем ойгонбоду! Энемен ажырап, сокур атамды жетелеп кала бердим. Уйду бадага айдап барганча, кайра тосуп келгенче энемдин жашыл чапанын жыттап алып ыйлап барып келээр элем.

Сүймөнкул ЧОКМОРОВ. "Эне". 1967-жыл.

Сүймөнкул ЧОКМОРОВ. “Эне”. 1967-жыл.

Жытын сагынып жүрдүм. Убакыт дарылады. Онунчу классты окуп жүргөн кезде атам «аял алып берип өлсөм экен» деп жүрдү. Анткени, энемдин «бир гана арманым бар, Жамалымдын келинчегинин колунан бир чөгүн чай ичпей калдым» деген керээзи бар экен. Кудай тилегин берип мен окууну бүтөөрүм менен 16 жашыма карабай үйлөнтүштү. Эки ай өткөн соң 17 жашка чыктым. Атам да кетти. Дагы ыйладым, бирок, жаңы үйлөнүп, өзүмдү чоң киши сезип, баягыдай чын дилимден куса болуп ыйлаган жокмун. 23 жыл убакыт өтүптүр! Эми өзүм чоң атамын. Бирок, былтыр өзүмдүн атам өлдү. «Байке» деп жүргөн жаным «Ата» деп өкүрүп бардым. Өлгөн соң «ата» дегенимди ал уккан жок. Ага чейин келиндер, «ата» деп, «сен байке» дебей «Ата» дебейсиңби? – десе, Ырсаалы тирүү кезинде уруксат албайт белеңер, эми «арбагын сатпайм» деп көк беттендим, бирок, энем тирүү! Кечээ жакында кудамды тосуп келдим. Жеңемдин жаны кыйналганын көрүп, «ЭНЕКЕ» – дегим келди, бирок оозум көнбөй калган. Жети бала төрөгөн. Эки эркек, бир кыз бир тууганыбыз жердин алдында. Эки эркек, үч кыз болуп, бешөөбүз «Кудайга шүгүр» деп жашап жүрөбүз.

Үч жаштагы уулу Алихан.

Үч жаштагы уулу Алихан.

Энем байкуш, иним Жалилге катар абышкасы менен өзүнүн эки эжеси кошул-ташыл ээрчишип кеткенде, кайгыга батып, бирок, инимден калган төрт жетимди медер тутуп, негедир ошолор үчүн гана жашап жүргөндөй! «Энеке» – дегим келет. Мен азыр көкүрөк күчүгү, тагыраагы кичүү баласымын. Эки жүрөк бир убакта эненин гана ичинде согот экен. Менин энемдин тогуз ай көтөрүп, түн уйкусун төрт бөлүп эмизгенин, шалтактап күнүгө беш маал ылайга оонап келгенде, суу жылытып, мени менен кошо кир кийимимди жууганын. Ал убакта сууну ташып келип, от жагып, суу ысытып кир жууйт эле. Автомат машинка эмес, кир жууй турган жөнөкөй да машинкасы жок эле. Энемдин ушундай кыйналып баарыбызды эрезеге жеткиргени, анысы аз келгенсип неберелерин бакканы, айтып отурса мунун баары өзүнчө эле түгөнгүс дастан! Өзүнчө «Эне» деген роман жазса дагы аздык кылаар.

Ошондой эне азыр менин жанымда жар болуп, менин денемден чыккан баланы курсагында көтөрүп жүрөт! Же мен мени көтөргөн энемди сыйлабай, же менин денемден чыккан баламды көтөргөн аялды сыйлабай, мен болсо, өзүмчө бул жашоонун тирөөчүндөй болуп коржойуп жашап келем! Энем байкуш менин амандыгымды тилеп, алыскы Нарындын бир айылында түтүн булатып жашап келет. Менин баламды көтөргөн эне болсо, мени «качан келет, маанайы кандай болду экен?» – деп күтүү менен жашоо кечирет! Өзүмдүн ай чырактай, татынакай кыздарым бар! Алар да эртең бирөөнүн аялы болот. Мен өзүм кыйратып, энем менен аялзатын сыйлабасам, менин кыздарымды ким сыйлайт? Мен үчүн 365 беш күн 8-март! Алтын Энекем жана энелер бар болгула! Биз сиздер бар үчүн телтелеңдеп, бой көтөрүп жашап жүрөбүз! Мен сиздерди сүйөм, ЭНЕЛЕР!!!

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. 13.11.2015-жыл.

2 thoughts on “Эне жөнүндө баллада..

  1. Эч нерсе эмес Жамалбек. Мен да бир топ буулугуп барып кайра чыйралдым.. 🙂
    Эне менен Атадан өткөн асылдар бу жалганда жок болсо керек?. Бирок, биз алардын ошол асылдыктарын көздөрүнүн тирүү кезинде билип, баалап, барктай албайт экенбиз. Бук болуп, сагынганда байланышам, бирок бир топко чейин унчукпай эле сүйлөшүп, сагынычыбызды таркатымыш болуп койобуз..

Leave a Reply to Жамалбек Ырсалиев Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *