Күмүш сырга..

******************************************************************************************************************

Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ

Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ

«Ж А К Ш Ы Л Ы К   Ж Е Р Д Е   К А Л Б А Й Т»

Тээ жыйырманчы кылымдардын башында жумуштан үйүнө кайтып келе жаткан шотландийалык бир фермер саз баскан жердин жанынан өтүп бара жатып капыстан «жардамга» деген үндү кулагы чалып калат. Дароо ал тарапка жардамга чуркаган фермер былкылдаган сормо саз айоосуз улам түбүнө тартып, соруп бара жаткан баланы көрөт. А бала болсо болгон күчүн жумшап, саздан суурулуп чыгып, кутулуп кетүүнүн аракетин жасап, канча жанталашканы менен ар бир кыймылы тескерисинче анын өлүмгө болгон өкүмүн ого бетер тездетип баратканын илгиртпей байкайт. Үрөйү учуп, катуу корккон бала алынын жетишинче бакыра берет. Ушул учурда фермер эч ойлонуп турбастан жоонураак бир сөңгөктү кыйып ала койуп, акырын сазга чукул басып келип сөңгөктү тиги баланы көздөй сунат. Ошону эле күтүп турган тиги бала сөңгөктү шап кармайт дагы сормо саздан кутулуп, коркунучсуз жайга чыгат.

Кошул-ташыл жаанга шөлбүрөп суу болуп, эси чыгып калган неме көпкө дейре көзүнүн жашын тыйа албай букулдап ыйлайт. Бирок эң башкысы — бала аман калды!
— Сен эми эс алып, өзүңө келишиң керек, отко жылынасың, анан кийимиңди кургаталы, жүрү менин үйүмө баралы, балам – дейт фермер.
— Жок, жок, – деп башын чайкайт тиги бала, мени үйдө атам күтүп жатат. Балким ал абдан тынчсызданып жатса керек..
Ошентет дагы куткаруучусуна чексиз ыраазы экенин билдирип турган көздөрү менен фермерди жал-жал бир тиктеп алып, өз үйүн көздөй «чү» койот..
Эртеси, эртең менен фермер эшигинин алдына жылтылдаган таза кандуу аттары менен укмуш кооз жасалгаланган ат арабанын (карета) келип токтогонун көрөт. Андан кычырап кийинген байбача жигит чыгат да, минтип сурайт:
— Кечээ менин баламды өлүмдөн куткарып калган сизби?
— Ооба, мен, — деп жооп берет фермер.
— Ошондо мен сизге канча карызмын?
— Сиз мени капа кылып жатасыз, таксыр. Сиз мага эч нерсе карыз эмессиз, анткени мен андай кыйын кырдаалда акыл-эстүү адам кандай кадамга барыш керек болсо, мен болгону ошол кадамды гана жасадым.
— Жоок, мен мындай окуйаны жөн-жай унутта калтыра албайм, себеби, менин уулум мен үчүн өтө кымбат, андыктан каалаган бааны айтыңыз,—  деп туруп алат, байагы байбача жигит.
— Менин бул маселе бойунча башка эч сөзүм жок. Жакшы барыңыз, – деп фермер үйүн көздөй бет алып кайрылган маалда үйдүн терезе жагынан өзүнүн баласы чыгып калат.
— Бул сиздин уулуңузбу? – деп сурайт, байбача жигит.
—Ооба, — деп жооп берет фермер, баласынын башынан сылай сыймыктануу менен.
— Келиңиз анда, мындай кылалы. Мен сиздин уулуңузду өзүм менен кошо Лондонго ала кетип окутайын, окуу чыгымын жана башкасын бүт өзүм көтөрөм. Эгер балаңыз дагы өзүнүн атасы ыраазы болгондой ыраазы болсо, ошондо гана сиз жана мен ушундай чечим кабыл алганыбызга эч качан өкүнбөйбүз..

39Арадан бир топ жыл өтөт. Фермердин уулу аталган мектепти бүтөт. Кийин медициналык университетти айактап, андан көп өтпөй эле ал азаматтын аты бүтүн дүйнөгө тааныла баштайт. Ачык айтканда, анын атагы «Пенициллинди» ачкан адам катары дүйнөгө «дүңк» этет. Ал адам Александр Флемминг болчу.
Кийинчерээк, согуш болоор алдында Лондондогу бирден-бир кымбат ооруканалардын бирине өпкөсү кагынып, өтө оор абалга кабылган байагы байбача жигиттин баласы келип түшөт. Кандай ойлойсуңар, ал баланы бул жолу эмне куткарып калат?
— Ооба, ошол «Пенициллин», дал байагы фермердин баласы Александр Флемминг ойлоп тапкан.
Флеммингини окутуп, билим алуусуна көмөк көрсөткөн ал байбача жигиттин аты Рандольф Черчилль. Ал эми анын уулунун аты Уинстон Черчилль, аты тарыхта калган Англиянын атактуу Премьер-министири. Ошол себептүү Уинстон Черчилль кийинчерээк мындай деген экен: «Жасаган жардамың өзүңө сөзсүз кайра кайрылат!.»

Орусчадан оодарган Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия, Келсинки. 08.11.2015.

4 thoughts on “Күмүш сырга..

  1. Не деген керемет адам! Азыр ушундай адамдар көп болсо кана… Пендечилик! – деп коебуз. Бирок пендечиликтин маанисин билбегендер көбөйдү. Сырттары жылма, ичтери… Калп ырсайгандардан тажадым!!!

  2. «Фейсбук» бетине айтылуу Жаныбек Жанызак орусчасын бөлүшүп, алып чыккан экен, а мен окуп-окубай туруп кыргызчалаганга шаштым. Көптөгөн кыргыздар окусун, үлгү алсын деген тейде, себеби, биз кыргыздар көп учурда орусча жазылган өтө керектүү, пайдалуу нерселерди үстүртөн карап, жөн гана аттап кетет эмеспизби..

Leave a Reply to Чынар Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *