****************************************************************************************************************
«К Ү З И Р М Е М»
Мен бир акындан, «Күз деген эмне?» – деп сурап калдым.
«Күз – бул поэзия!» – деп жооп берди ал акыным..
Ушул эле суроомо музыкант-композитор жообун кошумчалап:
«Күз – бул алтын сымал сеңселип түшүп жаткан сапсары жалбырактардын алсыз бийи, фальс сымал ажайып кыймыл аракети!» деп, мени акырын жылмайа тиктеп койду..
Ушундай жоопторду астейдил тыңшап, жанымда угуп турган сүрөтчү унчукпай барып колуна кыл калемин алды дагы түркүн-түстүү бойокторун айанбастан аркы-терки чиймелеп, полотно бетин чаржайыт бойоп, кооздоп жиберди..
Ал эми аларга берген суроомо өзүмдүн жообум мындай жана эң эле жөнөкөй:
«Күз – бул жомок. Сүйүү. Жан дүйнөнү букка толтуруп, буулуктурган мезгилдин ажайып кооз бир көз ирмеми!».
Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия. 24.10.2015.
Эмне экенин билбейм, баарынан күзду жакшы көрөм. Канча кусалык тартуулаган сайын ага жабышканым жабышкан…