Сыр..

******************************************************************************************************************

******************************************************************************************************************
Тил 8
Кыргыздын таланттуу кыздарынын бири, жаш акын Лира КАМЧЫБЕКОВА 1983-жылдын 14-январында Жалал-Абад обулусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1999-жылы Кызыл-Жар айылында Н. И. Мешков атындагы орто мектепти ийгиликтүү айактап, 2005-жылы Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Кийим Дизайны жана Сервис факультетин бүтүргөн. Азыркы күндө өзүнүн сүйгөн кесиби менен эмгектенүүдө. Андан тышкары чыгармачылык менен да тынбай алектенип, ырлары көптөгөн мезгүлдүү басма сөз беттерине байма-бай жарыйаланып келет. Азыркы тапта Алматы шаарында жашап жана үзүрлүү эмгектенип жүрөт.

******************************************************************************************************************

КекиС Ы Р

Ак шооласы даарып лира пиринин,
Алты сөздү курап, ийик ийриймин…
Акын дешет, мени чала билгендер,
Акын эмес, мен жөн гана…
Арзууларын ырга кошкон,
Ашыктардын биримин!..

Апам, атам жагып талант билигин,
Ашык ырын жазып элге билиндим…
Акын дешет, мени чала билгендер,
Акын эмес, мен жөн гана…
Ашыгынан арзуу күткөн,
Армандуунун биримин!..

******************************************************************************************************************

А Т А – Ж У Р Т

Токтотпой тирүүлүктө өмүр улап,
Жашоого тоодой кубат берип турат.
Алыстан мен ашыгып келгенимде,
Тоолор тосот сагынып жайып кулач.

Түнөп алып түбөлүк карегиме,
Кайда барсам дем берип калемиме.
Өгөйлөнүп бөтөн эл агымында,
Көнбөсүм чын, жат жердин дарегине.

Тагдыр ташын талашып мезгил куштун,
Тоолоруна теңелип келет учкум.
Ата Журттун боз чаңын бөлөк жерден,
Сыймыктанып келип тур бийик туткум.

Баркын сезем жашоонун келип сага,
Жемиш тургай, кум-ташың бейиш мага.
Сен ыйыксың, Ата Журт, сен улуксуң,
Сенин бейпил турмушуң жеңиш мага!.

*************************************************************************************************************

фото 01А Й Ы Л Ы М

Айлансам аздык кылаар келбетиңден,
Ааламга койнуңдан кол сермедим мен.
Айылым – куттуу жерим, алтын уям,
Арча жыт бешигиңде термелдим мен.

Суктанып ай-жылдызды самап көктөн,
Секелек, тентек кезим сенде өткөн.
Сылатып саамайымды салкын желге,
Суулардын шылдыр үнүн тыңшап өскөм.

Көркүңө ким бар дейсиң тартылбаган,
Купуя сырларың көп айтылбаган.
Кереметти сендеги ырга кошуп,
Кезинде Жеңижок да бүтө албаган…

Кас туруп, эң алгачкы таштап кадам,
Кеңдикти, тазалыкты сенден алгам.
Качандыр, шүүдүрүмдөй тамчы болсом,
Кошулдум дайраңа эми шарпылдаган!..

Айлансам аздык кылаар келбетиңден,
Ааламга койнуңдан кол сермедим мен.
Айылым – куттуу жерим, алтын уям,
Арча жыт бешигиңде термелдим мен.

Аксынын куттуу жери – алтын уям,
Аксынын бешигинде терметилгем!..

******************************************************************************************************************

Т У Р М У Ш   С Е Н…

Эх, Турмуш!.. миң сыры бар сенин жолуң –
Бирин тапсам, биринин таппайм жообун…
Энчилеп, өзүң арткан түйшүгүңдү
Көтөрө албай талыгансыйт бир аз жонум…

Эх, турмуш! Неге кызык сенин жолуң?
Салмактуу да, кээде болот жеңил оюң.
Үстүмө бир тар көйнөк кийген өңдүү,
Арзууларга жете албай кыска колум.

Татымың бирде ачуу, бирде балдай,
Келемин өткөнүмө канааттанбай…
Эх, турмуш! Кээде сенин адатың бар,
Өзгөнүн да ызасын менден алмай…

Туманың бар, кееде кайра сөгүлөсүң,
Бакыт болуп, кандай жанга төгүлөсүң?..
Бирде дос, бирде душман сыяктанып,
Ай, турмуш ай, эки жүздүү көрүнөсүң…

*****************************************************************************************************************

фото 01С Ү Й Ө М   С И З Д И !..

«Сүйөм сизди!..
Сүйөмүн»,- деп кат жазып,
Сергийт көңүл, бир аз гана жай алып.
Андан нары кадаламын сөз таппай,
Арасында тамгалардын чайналып…

«Сүйөм сизди!..
Сүйөмүн»,- деп айтпасам,
Санаркаткан дартыма эм таппасам,
Жан дүйнөмө сыйбай кетем, кантейин,
Жүрөгүмдүн дүрсүлдөрүн баспасам…

Арбап мени сүрөтүңүз ар убак,
Аалам баткан көздөрүңүз табышмак…
«Сүйөмүн!» –  деп келет күндө кат жазгым,
Сөз берметин, терип сизе багыштап…

Ырга шылтап, мүмкүн даалай кат жазам?.
Өзүңүзгө тагдырымды табыштап…
Аттиң, бирок, эртеңибиз табышмак…

***************************************************************************************************************

фото 01К Е Л И П   К Е Т

Бирине бири эгиздей окшоп күндөрүм,
Билинбей азыр, бар-жокто турган дүйнөмүн…
Жаркытып көңүл, абалым сурап келип кет,
Жан дүйнөм ооруп, жалгыздык деген үйдөмүн…

Тарылып дүйнөм, унутам балким күн өтсө,
Таарынып качып, кусадар кылып жүдөтпө.
Турмушту бирөө, башкарып алып кетпесин,
Тагдырды буруп, жол салып алып жүрөккө…

Карааның издеп, кыялдар менен узап түн,
Кайрылбас жаштык, күндөрүн жалгыз узаттым…
Кусалык эзип, айрылдык түшкөн жолдорго,
Көзүмдүн жашын, көрсөтпөй далай кулаттым.

Жасалма белең, жаралап кеттиң неликтен?..
Жаш алып карек, жоопту күтөт кечиккен…
Жазыгым болсо, ачык айт… анан бир жолу,
Жолдорду бөлүп, үмүттүн жибин кесип кет…

Бирине бири эгиздей окшоп күндөрүм,
Билинбей азыр, бар-жокто турган дүйнөмүн…
Жарыгың чачып, абалым сурап келип кет,
Жан дүйнөм ооруп, жалгыздык деген уйдөмүн…

******************************************************************************************************************

С Ү Й Л Ө Ч Ү,  С Ү Й Л Ө..

Сүйлөчү, сүйлө…
Турбачы карап жалдырап.
Тунарып карек, ызалуу көздөн жаш чыгат…
Ээнсиреп аралда жалгыз калган сыяктуу,
Эзгилеп санаа, сезимдер үнсүз жанчылат…

Сүйлөчү, сүйлө…
Айласыз чөгүп, дүйнөм тар.
Айтылбай көп сөз, көңүлдө чоң боштук бар.
Кусалык жеңип, ашыгын күткөн жүрөктү,
Капалык менен калмакпы ээлеп боштуктар?..

Сүйлөчү, сүйлө…
Сүйүүдөн үмүт үзүлбөйт.
Жалының чаччы, аптаптуу жерге күз түшпөйт.
Жаштыкка салып, мен күткөн менен өзүңдү,
Жайырак агып, мезгилдер бизди күтүшпөйт…

Жарашып кайра алсын деп,
Күндөр да бизди күтүшпөйт.
Сүйлөчү, сүйлө…

айал*************************************************************


М Е Н  –  А Я Л

Мен кээде мерез болуп алгансыймын…
Муз кабак, катуу болуп калгансыймын…
Бир туруп, шайыр, шаттуу жан элемин,
А кээде көктүгүмө салгансыймын…

Жаш жанды кээде чарчоо чалгансыймын…
Жарп жазбай, оюн-зоокту чангансыймын…
Бир туруп, сабыр менен баарын жеңип,
А кээде өзүмдү өзүм тангансыймын…

Мен – аял… бирде күлсөм, кайра жашыйм…
Мен – алсыз… кайраттансам кайра ташыйм…
Мен – деңиз, асман тыптынч мелтиреген,
А кээде албууттанган дайра, ташкын…

*************************************************************


А Г А Т А Й

Санаа жок жүргөн кезде козгоп сезим,
Түшүмө неликтен кирип келдиң?..
Кыялымда ашык болгон агатайым,
Өмүрүмдүн азыгы болдуң менин…

Алгач ирет укканда үнүңүздү,
Жүрөк сокпой калды бейм, сүрүңүзбү?..
Көнүп кетер жүрөгүм үнүңүзгө,
Көңүлүмдү оорутпай жүрүңүзчү?..

Көрүнбөй бир кемчилик жактарыңыз,
Билинбей көп белести ашканыңыз…
Агатай, өзүңүзгө тартып барат,
Ашык кылып, акбуурул чачтарыңыз…

Таш элем, сиз кантип “алдадыңыз”?..
(Ансыз да арбын эле арманыбыз),
Тынч жаткан дүйнөмө бүлүк салып,
Агатайым, сиз мени арбадыңыз !..

Тил 7*************************************************
Л И Р А

Сагыныч тытып жесе көкүрөктү,
Сезимдер жакынсынат сары түстү…
Сеңселтип саамайымды шамалына,
Сен жокто жалгыз тостум ушул күздү.

Көөдөнгө сыйбай турат буулукканым,
Кантейин, көңүл улап, муңду укпадың…
Кайдадыр кетким келет ээрчип алып,
Карарган күздүн ушул булуттарын.

Күлсө да күндүн табы билинбеген,
Күү салып жалбырактар дирилдеген…
Жазылбай көкүрөктө жатат ырлар
Жап-жаңы көйнөк сымал кийилбеген.

Туйгандай муңдуу ырды жүрөктөгү:
Токтобой асман дагы шолоктоду…
Түнөргөн жашын төгүп ушул күздөн,
Тагдырым айырмасы жок окшоду…

*************************************************

А Я Д Ы М

Унчукпайсың… Мен да сага унчукпайм,
Удургуган ойго батып, тумчукпайм…
Кош бол жаным, кыялдарым кош болгун,
Күдөр үзүп, ушул түнү тынч уктайм…

Күтүп сени чыйрыкканда сезимим,
Коё албадың жан дүйнөмдү жылуулап…
Жүрөгүңдүн тоң экенин кеч билдим,
Жаным, сенден сырттагы кыш жылуурак…

Ал күндөрдөн улам узап кадамым,
Азаптарын көкүрөккө камадым…
Кыш күнүндө жалгыз калып үшүгөн,
Кечээ өзүмдү, бүгүн сени аядым…

*****************************************************************************************************************

фото 01Т Ү Ш 

Көөнүмдү эзген сагынчты чыгарып,
Көңүлүмө мүрөк сээп суугарып.
Жаздын түнү сен жөнүндө түш көрдүм,
Жолуга албай жүргөнүмдө жукарып…

Ай жарыгы жуурулушуп түн менен,
А, сен жаным түндө күйгөн күн белең?..
Ай жылдызды, а сен мени кучактап,
Айланабыз турду оролуп гүл менен…

Сенин денең жаралгандай өрт менен,
Түшүмдө да жалыныңа өрттөнөм.
Кучагыңдын алоосуна чыдабай,
Күйсө мейли, күйүп кетсин бүт денем…

Өзүңө мен белек кылып күтпөгөн,
Өмүр бою ырлар жазам бүтпөгөн.
Карегиме сүртүп алып сүрөтүң,
Эртең дагы сен жөнүндө түш көрөм!..

*****************************************************************************************************************

фото 01МАХАБАТ МЕНЕН КОШТОШУУ

Балаңды таштап, сен бизден качтың,
Башканы тандап, эшигин ачтың…
Билесиң, менин асылым элең,
Башкага кеттиң, багыңды ачсын…

Кызганам, бирок, акым жок, билем…
Кыя албай ичтен эзилип, кирдейм…
Көкүлүм сылап, койорсуң аяп,
Капыстан бир күн түшүңө кирсем…

Жолуңду бууган азгырык белем,
Жарыңдан сенин талашып нетем?..
Жүрөгүм сени турса да каалап,
Жабыкмын сага сепилдей бекем…

Деңиздей эле сезимим терең,
Дилимде менин шумкарым элең…
Тагдырга нетем акаарат кылып,
Таалайың тапкын жаш жарың менен.

Кудайга сени аманат кылып,
Коштоштум биздин махабат менен!..

******************************************************************************************************************

Ч О К !..

Муздак элем, шаан-шөөкөт жакпаган,
Көөдөнүмдү боз булуттар каптаган.
Алаканга сала коюп бир ууч чок,
азабымды колго берди бир адам,

Пайда болду чыга келип капкайдан…
Чыдай албай кызыл чоктун табына,
Коюнума ката койдум шашыла…
Ошол замат ыссык чоктун жалыны,

Өтүп кетти жүрөгүмө, каныма,
Чачкан сымал жан дуйнөмө чачыла…
Күйдү денем, алоолонуп от болуп…
Ашык болдум, калган кезде токтолуп,

Чокко кактап, отко орой салыптыр,
Эстен танып, баратамын жок болуп…
Учкундары чар-тарапка чачырап,
Суз күндөрдү менден алыс качырат.

Жан дүйнөмө жарык чачып ошол чок,
Жүрөгүмө ак сүйүүнү чакырат…

******************************************************************************************************************

One thought on “Сыр..

  1. Бул айым, өзүн;
    “ақын эмесмин” – дейби,
    “чығармачыл эмесмин” – дейби,
    менин ишим жоқ.

    Менин билгеним;
    бул айымдын жазған нерсесинин баары, мен үчүн – керемет Лира.
    Ошондой эле, бул айымдын аты да Лира экендигин билем.
    Ал эми,
    лира – лириканы кимдер жазаарын билебиз да…

Leave a Reply to Бектурсун. Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *