Oct 25

Тапалак..

******************************************************************************************************************

«К Ү З  И Р М Е М»

Туптуура 47 жыл болуптур ушул сүрөткө түшкөнүбүзгө. Мектепке чейинки жалгыз сүрөтүм болгону ушул экен. Дагы жакшы, ыракмат ошол орусту айылга ким айдап келсе дагы.. 1966-жылдын күрдөөлдүү күз айлары болчу. Ошондуктан эки ооз сөз менен жазып жаткан береги эскермемди «Күз ирмем» деп койгондогум. Күнү бүгүнкүдөй эсимде, чоң апам менен жаш апам үйдө шырдак шырып отурушкан болчу. Дагы эки-үч дүкүлдөгөн айал бар болуш керек эле үйдө. А биз болсо башка бир бөлмөдө, үйдү үч көтөрүп, өзүбүзчө чуру-чуу түшүп ойноп жатканбыз. Түшкө жуук бир орус киши үйгө кирип келип «сүрөткө түшөсүңөрбү?» дегендей ишарат кылыптыр.ээ 96
Аны кандай кылып түшүндүрдү, бир ооз орусча билбеген апамдар менен берки айалдар кантип түшүнө койушканын ким билсин, «сүрөткө тартканы жатат» дегенди угуп-укпай эле удургуп, дароо чаң-будуң түшүп, айай атыккан өпкөкаптарыбызды шаша-буша кийип, аңыраңдап, бат эле дайар болуп калганбыз. А менин тигил «каракүл» тумагым уктаганда эле өзү түшүп калбаса эзели башыман түшчү эмес. Сүрөткө түшөт дегенди укканда сүйүнүп кеткендегим болсо керек, ал тумакты ого бетер башыма баса кийгем, бирөө тартып, жулуп алчуудан бетер..

Иши кылып ошондо ошол орус баарыбызды эшикке ээрчитип чыгып, үйдүн көчө жак башындагы дубалдын түбүнө бир отургузуп, бир кайра тургузуп атып тартып кеткен. Улуу агам менен Атам үйдө жок болчу. Атам жылкы бакчуу, жылкылары менен алек болушуп күздөөдө жүрүшсө керек эле. Ал эми сүрөттүн сол жак четинде турган менден улуу эжем Жумагүл.

Бармактайыбыздан баштап баарыбызды багып, азап-тозогубузду көбүрөөк тартып, чоңойуп-чочойгонубузга бүт өмүрүн арнаган чоң апам Тенти кызы Бүбира.

Бармактайыбыздан баштап баарыбызды багып, азап-тозогубузду көбүрөөк тартып, чоңойуп-чочойгонубузга бүт өмүрүн арнаган чоң энем Тенти кызы Бүбира.

Андан кийинкиси жаш апам Назирбүбү, анын алдында отурганы Райкүл. Андан соң ыраматылык чоң апам Бүбира. Чоң апамдын алдында отурган жанагы Уулкан кайра-кайра айтып түгөтө албай жаткан айыл өкүмат иним Мырзабек. Ал эми алдыда турган жашыл өпкөкапчан кабагын карыш түйгөн кара тултук кыз менден кийинки карындашым Мырзагүл. Бул биздин ошол учурдагы чакан эле үй-бүлө болуп тургандагыбыз.

Бул бешөөбүздөн кийин ошол чакан бөлмөлөрдү бизге чейин эле чарчап калышкан баарыбыздан улуу бир кыз менен бир эркек баланы эске албаганда дагы он бир бала толуктаган эле. Анын экөөсү дагы, эки бирдей наристе кыз бир жашка чыгып-чыкпай чарчап калгандары дагы эсимде, билем. Мына, мени эс тарткандан баштап эмдигиче таң калтырган нерсе дал ушул. Ал кездеги өтө чакан, чоңураак кишинин «көчүгү» кененирээк тегеренбеген, тепкедей болгон үч бөлмөгө кантип сыйышып батып, жайдыр-кыштыр ошол үйдө жашап, окуп, билим алып, кадимкидей эле баарыбыз эрезеге жетип, чоңойуп-чочойгонубузга кээ бир учурларда чочугансып, ишенип-ишене албай кетем десеңер?.

Бул эми менин кылым алмашып кеткенден кийинки «кыргызчаланган» кыйалдарым болсо керек деп ойлоп койом. Болбосо..

Асылдарым, Атам Токтоналы жана Апам Назирбүбү.

Асылдарым Атам Токтоналы, Апам Назирбүбү.

Анткен менен кадимки бактылуу балалык деген нерсе ошол жылдарда, ошол мезгилдерде болуп, дал ошондой жылдардагы кадимки «алтын балалык» деген атактуу кыйалдарга аралашып чоңойгонума бөркүмдөй эле ишенем жана Кудайга миң мертебе ыраазымын. Бул кашкайган чындык. Дал ошондогу, ошол өткөн кылымдагы, доордогу, абдан жөнөкөй жана ашкере карапайым, кадимки кыргыз жыттанган көп балалуу үй-бүлөөдө өсүп чоңойгонума чексиз сыймыктанам! Тээ алыскы ак кар-көк муздуу, аскасы асман тиреген улуу тоолордун арасындагы кадимки кыргыз айылында төрөлгөнүмө, ошондой жерде эр жетип чоңойгонум эле менин бул жашоомдогу эң башкы баалуулугум жана бактылуулугум деп келем жана мындай ойду айтуудан эч качан тажабаймын..

Анан албетте, ушунча баланын ысыгы менен суугуна бирдей чыдап, чымырканып, эч убакта кабагым – кашым дебестен тарбийа-таалим берип, бөпөлөп өстүрүп, ар бирибизди адам катарына кошкон эң кымбатыбыз, биз үчүн Ааламда жок асылдарыбыз биздин Атабыз менен Апабыз!. Биз Сиздерге эки дүйнөдө тең бирдей карызбыз! Бар болгула Асылдар!.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия, Келсинки шаары. 25-октябрь, 2013-жыл.

*****************************************************************************************************************

Oct 25

Күз ирмем..

****************************************************************************************************************
«К Ү З   И Р М Е М»

Мен бир акындан, «Күз деген эмне?» – деп сурап калдым.
«Күз – бул поэзия!» – деп жооп берди ал акыным..
Ушул эле суроомо музыкант-композитор жообун кошумчалап:
«Күз – бул алтын сымал сеңселип түшүп жаткан сапсары жалбырактардын алсыз бийи, фальс сымал ажайып кыймыл аракети!» деп, мени акырын жылмайа тиктеп койду..
Ушундай жоопторду астейдил тыңшап, жанымда угуп турган сүрөтчү унчукпай барып колуна кыл калемин алды дагы түркүн-түстүү бойокторун айанбастан аркы-терки чиймелеп, полотно бетин чаржайыт бойоп, кооздоп жиберди..
Ал эми аларга берген суроомо өзүмдүн жообум мындай жана эң эле жөнөкөй:
«Күз – бул жомок. Сүйүү. Жан дүйнөнү букка толтуруп, буулуктурган мезгилдин ажайып кооз бир көз ирмеми!».

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия. 24.10.2015.

2

Oct 19

Болгон окуйа..

Байас******************************************************************

Төмөндөгү жазылган окуя тууралуу Байас ТУРАЛ агай айтып берген эле. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин эстеген сайын жүрөк дүркүрөйт, денемди муздак тер басат, ыйлап дагы жиберем кээде. Бул макала кээ бир гезиттерге жарыяланган. Балким окубагандар деле бардыр. Окугула, ойлонгула, ойгонгула!

«ИДЕОЛОГИЯЛЫК СОГУШ» ЖЕ КЫРГЫЗДЫН
«7» КЕМЧИЛИГИ

Бир күнү кабинетте отурсам бир аксакал киши кирди. Өзүн тааныштырып, мени сыртыман билерин, жакында эле «Жаңы ордо» гезитинен менин «Үчүнчү дүйнөлүк согуш» деген макаламды окуганын, анан ошого байланыштуу бир окуяны айтып берейин деп келип калганын айтты.

* * *

«…Бул окуя 1987-жылы 6 – декабрь күнү Сүрөт музейинде болгон» деп баштады сөзүн карыя. Мен иштеген жердин жетекчиси еврей болчу. Күнгө жекшемби болгондуктан мен үйдө дем алып жаткам. Эртең менен саат 10дордо жетекчим үйгө телефон чалып: «Москвадан эки аял учуп келатат, тосуп алып, түз эле Сүрөт музейине алып кел» деди.

Мен машинамды айдап, аэропортко бардым. Айткан белгилери боюнча тигилерди таап, түз эле Сүрөт музейине алып келдим. Ал кезде жекшемби күндөрү көп мекемелер иштечү эмес. Эки аялды ээрчитип кирсем, Сүрөт музейинин ичинде 50-60тай адам бар экен. Арасында мен тааныган 5-6 еврей жүрөт. Жетекчим мени көрө калып жаныма басып келди да, тигил эки аял менен учурашып, аларга өзүн таныштырды. Анан мага карап: «биздин диаспоранын он чакты адамы жолугушабыз» деп айтышты эле, эмнегедир бул жерге «башка адамдар» да келишиптир» деп, мага карап бир ыңгайсыздана түшкөндөй болду. Анан ырахмат айтып, «үйүңө бара бергин» деди.
«Булар эмне болгон адамдар? Дем алыш күнү элден жашынып, эмне чогулуп атышат?» деп ойлодум өзүмчө? Анан кире бериште отурган орус аялга барып: «Деректир ушул жердеби?» деп сурадым. Ал кезде Сүрөт музейинин деректири Т. Усубалиевдин, деректирдин орун басары – С. Чокморовдун аялы болчу. «Жок» деди тигил аял «бул ким эле» дегендей мени чоочуркай тиктеп. Анан: «Ал киши бир жумадан бери ооруп, үйүндө» деди. «Анда залды ким ачып берди буларга?». «Деректирдин орун басары». «Ал киши азыр кабинетиндеби?». «Жок, залды ачып берип: «чогулуш бүткөндөн кийин жаап кой» деп үйүнө кетти».

А мен таң калып, сыртка чыктым. Анан, «булар дем алыш күнү өздөрүнчө чогулуп алып эмнени сүйлөшөт болду экен» деп ойлодум. «Булар бекер чогулган жок, тигил Москвадан келген эки аял да жөн аялдар эмес окшойт?..». Эмнегедир үйгө кете албай, сыртта айланып жүрүп, 10 мүнөттөн кийин кайра кирдим. Конференцзалдын эшиги бир аз ачылып турган экен. Ичине киргенге болбойт, анткени ичинде жетекчим отурат. Эшиктин сыртынан кулагымды салып тыңшадым.

Америкадан келген эки аялдын бири сүйлөп жатыптыр. Үнүнөн оңой эле тааныдым. Анткени, аэропорттон келе жатып, жолдо бир аз сүйлөшүп калган болчубуз. «…Эгер кетебиз десеңер, жол кире, баары бекер, жер-жерлерде комиссиялар иштеп атат. Кайрылсаңыздар керектүү кеңештерин берип, бардык документтериңиздерди даярдаганга жардам беришет. Жок, калабыз десеңиздер, аны да өзүңүздөр билиңиздер» деди Москвадан келген эки аялдын бири. Адегенде, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын чынын айтсам түшүнгөн жокмун? «Булар эмнени сүйлөшүп жатышат» деп, кулагымды эшиктин ачылып турган жерине ого бетер жабыштыра такап калдым. Аңгыча: «Эмнеге негиздеп «Кыргызстанда жарандык согуш болушу мүмкүн» деп атасыз? Эгер мүмкүн болсо, тагырак айтып бериңизчи» деп залдан бирөө суроо берди. Ага тиги аял: «Көптөгөн европалык көзү ачыктардын айткандары бар, андан башка ЦРУнун маалыматтары боюнча да 3-4 жылдан кийин СССР чачылат» деди. Анан сөзүн дагы минтип улады: «Бул Программа Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин госсекретарь Аллен Даллес тарабынан иштелип чыгып, президент Трумендин тушунда кол коюлган. Программада айтылгандарды ишке ашырыш үчүн Америка ошондон бери бир нече миллиарддаган доллар акчаларын коротту. Бүгүн СССРдин башына ЦРУ менен иштешүүгө маакулдугун берген адам келди. …Кайра куруу идеологиясы ал адегенде сыртта иштелип чыккан идеология». …Кээде кээ бир сөздөрү жакшы угулбай калып атты.

ГорбачУккан кулагыма ишенеримди билбей дал боло түштүм. «Кантип эле СССР чачылып кетсин, болбогон сөз!..» деп ойлодум ичимен. Бирок, «бүгүн СССРдин башына ЦРУ менен иштешүүгө маакулдугун берген адам келди» деген сөздү угуп, денем дүр дей түштү… Чын эле ошол убакта, Михаил Горбачев тууралу эл ичинде ар кандай кайчы пикирлер айтылып жаткан. Анын жүргүзүп аткан Кайра куруу идеологиясы баарыбызга эле жакчу, бирок ошол эле убакта ыйык китептерде: «маңдайында калы бар адам келгенде кыямат кайым болот» деп жазылыптыр» деген сөз жайылып кеткен. Кийин ушул сөздөрдүн баары чындык болуп чыкты.

Аңгыча залдан дагы бирөө суроо берди: «СССР чачылса, 15 республика эмне болот?». «Он беш республика «15» мамлекетке айланат…» деди, жанатан бери Москвадан келген эки аялдын суроолорго жооп берип атканы. …Залда күбүр-шыбыр боло түштү. Алардын да бири ишенсе, бири ишенбей жаткансып туюлду мага? «Мисалы, биз уккан маалыматтарга караганда, Борбор Азияда Казакстандын башына бир күчтүү лидер келсе, Россиядан кийинки кубаттуу өлкөгө айланат. Өзбекстан да ушундай. Эгер, кокус, азыркы башчысы алмашып, Өзбекстандын башына ЦРУ менен иштеше турган адам келсе, анда ал чачылып жок болот. Тажикстанга сырткы күчтөрдүн андай өтө кызыкчылыгы жок. Түркмөнстан Совет бийлигинин катаал режиминин тушунда «ахал текин» деп аталган күлүк аттары менен «кара күл» деп аталган асыл тукум койлорун сактап калган эл. Аларда улуттук өзүн өзү сактоо инстинкти күчтүү. Ошондуктан алар жабык өлкөгө айланып, өзүнчө өнүгүшү мүмкүн?».

Зал жымжырт болуп, чымындын учканы угулуп турду. Бирөө чыдай албады окшойт: «А, Кыргызстан эмне болот?» деп сурады. Ал суроого тигил аял кеңири жооп берди: «СССР чачылгандан кийин, аны талкалаган күчтөр: «Ким Борбор Азияны бийлесе – ал Евразияны бийлейт; ким Евразияны бийлесе – ал Дүйнөнү бийлейт» деген ураанды көтөрүп, өзүнүн дүйнөнү башкаруу максатын көздөгөн «улуу жоортулун» андан нары улантып баштайт. Бирок, Борбор Азияны бийлегиси келген өлкө, адегенде анын бир мамлекетин өзүнө баш ийдирүүсү керек. Бизге белгилүү маалыматтарга караганда, ЦРУнун программасында андай эки мамлекет бар. Алар: Кыргызстан менен Өзбекстан. СССР чачылгандан кийин көп республикалар өздөрүнүн бай, эркин, өнүккөн улуттук мамлекетин куруу идеясы менен ооруйт. Бир топ убакытка чейин көптөр каякка барышын, эмне кылышын билбеген абалда болот. Ошондо Батыштан: «Демократия», «Адам укугу», «Базар экономикасы», «Глобализация» ж.б. деп аталган идеялар киргизилет. Бул терминдердин эң башкы максаты: 15 республиканын «эски» башчыларын жогорку идеяларды колдогон жаңы башчылар менен алмаштырууда турат. Кайсы республикада эски «коммунист» башчылар жаңы «демократ» башчылар менен алмашса, ошол өлкөдө сырткы күчтөрдүн максаттары ошончолук тез ишке ашат. Алар СССРди кандай чачышса, жогорку идеялар кирген республикаларды да дал ошондой эле талкалап, жок кылышат. Ошондуктан, Борбор Азияны бийлеш үчүн, алар адегенде анын бир республикасын өзүнө көз каранды кылган абалга алып келүүгө умтулушат. Бул максат неоколониализмдин методу менен ишке ашырылат. Ал метод, өзүңүздөр билесиздер, – тышкы инвесторлордун акчасы аркылуу өлкөнү өзүнө баш ийдирүү жолу.

Эгер ЦРУ, Өзбекстанга өзүнүн «демократ» башчысын коё алса, анда алардын проектиси боюнча Өзбекстан «төрткө» бөлүнөт, балким Борбор Азияда жарандык согуш башталат. Бул ЦРУ үчүн «Евразиялык балкан» программасын тез ишке ашыра турган «биринчи» вариант. Анткени, өзбектер түбү бир атадан тараган «улут» эмес, ал «курама» эл. Бирок, жаңы идеяны колдогон өзбек «демократтар» консервативдик көз караштагы эски «партократ» башчыларын алмаштыра албай калышы мүмкүн? Анда Борбор Азияны баш ийдирүү планы боюнча «экинчи» вариант алдыга чыгат. Бул «кыргыз» варианты.

Бул «варианттын» да жакшы жана жаман жактары бар: Кыргыздар республиканын жалпы калкынын 70% жакынын түзөт. Анан алар ушул күнгө чейин эски санжыраларын унутпай айтып келаткан эл. Б. а. 70 жыл ичинде калыптанган тарых илимине караганда да, ушул күнгө чейин кыргыздарда улуттук эс-тутумду сактап келаткан эң башкы факторлордун бири – ал санжыра. Бардык санжыра боюнча, «кыргыздар түбү бир Атанын үч уулунан тарайт». Мисалы, тарых илими али мындай сөздү айта элек. Анткени, биринчиден, Советтик идеологиянын койгон талаптарына жана коммунисттик идеологдордун такай жүргүзгөн көзөмөлүнө байланыштуу алардын байыркы тарыхы начар изилденген. Ошондуктан Кыргыздын түпкү теги боюнча окумуштуу тарыхчылар жакын арада бир пикирге келиши али да күмөн; экинчиден, идеологиялык көз караштан алганда да, Кыргыздын тарыхына караганда кыргыздын санжырасы күчтүү. Ошондуктан ушул убакка чейин аларды санжыра бириктирип турат. Дал ушул фактор ЦРУнун ишине чоң тоскоолдук кылышы мүмкүн?

Бирок санжырага каршы чыга турган «элементтер» да бар. Алар негизинен кече Совет бийлигинин тушунда илим-билимге, чоң-чоң кызматтарга ээ болгон мурунку малай адамдар менен кулдардын тукумдары. Азыр алардын көбү кадыр-барктуу кишилер. Кыргыздарды чачууда дал ушул «элемент» өзгөчө эске алынып, сырткы күчтөр тарабынан колдоого ээ болот. Анткени, орустардын жардамы менен алар өздөрүнүн ушул убакка чейин ээлеп келген коомдогу орундарын сактап калуу үчүн чыныгы кыргыздарга каршы тымызын күрөшүшөт. Алар эч качан Кыргыз мамлекетин «таза кандуу» кыргыздар башкарып турушун каалабайт. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып келаткан адамдар да дал мына ушулар! Б.а. кыргыз тилинде сүйлөгүсү келбеген кыргыздардын дээрлик 90 пайызы «кыргыз эместер».

Ак сөөк кыргыздар жана алардын тукумдары Совет бийлигинин тушунда куугунтукка алынып, илим-билимден жана кызматтардан четтетилип, алардын көптөгөн алдыңкы мыктылары «улутчул», «туранчыл», «пантүркчүл», «эл душманы» деген жалган жалаалар менен репрессиянын апаатына кабылып, жок кылынган. Ал эми жогоруда айтылгандай: азыркы «элдин мыктыларынын» негизги бөлүгү – алар кечеги малайлар менен кулдардын тукумдары. Ошондуктан алар эки жүздүү, саткын, бийлик эмнени айтса, ошону жасашат. Сырткы күчтөр, ошол кыргызга каршы элементтерди акчага сатып алып, аларга мамлекеттик жогорку наамдарды-даражаларды берип, анан аларды өздөрүнүн кызыкчылыгына кызмат кылдырышат. Кыргызга кызмат кылабы же оруска кызмат кылабы – “кыргыз эместерге” баары бир. Эң башкысы – жакшы жашашса болду. Анткени, кыргыз эместер үчүн кыргыздар «душман эл». Ошондуктан, алар, ал турсун кыргызга караганда сырттан келген күчтөргө чын дили менен кызмат өтөп беришет. Бул эң башкы фактор. Ал эми улут үчүн жаны күйгөн «патриоттор» Программа боюнча кызматтан сүрүлүп, шылдыңга алынат.
Дагы бир нерсе: биздеги маалыматтарга караганда, Т. Усубалиевдин убагынан бери кыргыздар «түндүк» – «түштүк» болуп, территориялык кызыкчылык менен экиге бөлүнүп келатышат. Айрыкча «аркалыктар» деп аталган түндүк кыргыздар саясий бийликти ээлеп, түштүктүн кыргыздарына «экинчи сорттогу» эл катары мамиле жасашат. Дал ушул көрүнүш – сырткы күчтөргө жол ача турган башкы себептердин бири. Кыргызстанды бөлүп-жаруу программасы адегенде дал ушул «түндүк-түштүк» факторунун негизинде ишке ашырылат.

Кошумча айтып кете турган маалымат: Кыргызстан үчүн ЦРУ өзүнүн өзгөчө Программасын иштеп чыккан. Эгер ал ишке ашса, анда бул өлкө «төрткө» бөлүнөт.
Суроо: Кыргыздардын ата-бабалары жоокер, баатыр эл болгон. Алардын канында дагы деле Манастын духу жашап келатат. Ошондуктан алар сырткы күчтөрдүн кысымына жөн эле маакул болуп беришпейт. Жогоруда сиз айтып жаткан ЦРУнун программасы ишке ашпай калышы да мүмкүн?
Жооп: ЦРУ иштеп чыккан Программа боюнча Кыргыз республикасын талкалап жок кылунуун «төрт» варианты бар. Мен сиздерге, алдыда анын «эки жолун» айттым. Анын «үчүнчү жолу» кыргыздардын айыл чарбасын, өнөр жайларын талкалап, алардын жашоосун адам чыдагыс абалга чейин алып келүү болуп саналат. Салыштыруу менен айтайын: мисалы, уй чычып кеткен бокту бир жумадан кийин оодарсаңыздар, алдында «таракан» кептенген «көгүш-боз курттар» пайда болот, кыргыздар дал ошол курттардын кейпин киет. Өмүрүндө базарга чыкпаган кыргыз базарга чыгып, сата турган эч нерсеси жок, эптеп бирөөнүн бир пачка тамекисин алып, аны «дааналап» сатып, окат кылып калат. Кыргыз кыргыздын канын сорот: Ош базарынан 20 сомго алган сууну, Нарынга алып барып 25 сомдон сатат; 5% менен чет өлкөлүк инвестор алып келген кредитти кыргыз өзү кыргызга 15% менен берет.

Кыргызстандын тагдыры өтө оор болот: Улуттук маданият «массалык маданият» менен алмашат. Советтик билим берүү системасы толук талкаланат. Саламаттыкты сактоо министрлиги Мамлекеттин эмес, ооруулардын эсебинен жашап калат. Өлкө башчылары, министрлер жана депутаттар ар кандай жолдор менен сатылып алынат. Алар үчүн өтө чоң суммадагы акчалар каралган. Бул Борбор Азияны башкаруу үчүн ЦРУ атайын иштеп чыккан Проектин негизинде ишке ашырылат. Анын үстүнө кыргыздардын негизги «жети» кемчилиги бар экени такталып, ал толук анализге алынган. Программа бүт ошол кемчиликтерди эске алуу менен түзүлгөн.
Суроо: Ал эмне болгон кемчиликтер? Аны сиздер кайдан билесиздер?
Жооп: Бул «жети кемчиликти» изилдеп, тактап чыккан окумуштуу адамдардын кээ бири ушул жерде, азыр сиздердин араңыздарда отурушат. Алар кыргыздарды көп жылдар бою изилдешкен. Дээрлик көпчүлүгү кыргыздардын арасында төрөлүп-өскөн адамдар. Мисалы, ал кемчиликтер булар:

1. «Камырство-мамырство».
Кыргыз тилинде: «камырабаган», «кенебеген», «кебелбеген», «тоготпогон», «кайдыгер караган» деген сөздөр бар. Жогорку термин дал ушул сөздөрдүн негизинде пайда болгон. Кыргыздар чын эле ушундай элби – аны бизге караганда сиздер жакшы билесиздер? Биздеги маалыматтар боюнча, кыргыздар ушундай эл: алар өтө жай кыймылдашат, көп нерсени кенебейт; анан дагы абдан чынчыл, таза, ишенчек калк. Башка элдерге жамандык кылышпайт, жамандык кылбагандан кийин, алар да бизге «жамандык кылышпайт» деп, башка элдерди да өздөрүндөй ойлоп, эч кимден шек санашпайт. Кыргыздын эң башкы кемчилиги жана өтө чоң катасы ушул. Кыргыздын ишенимине ээ болуу – ал жалпы жеңиштин жарымы. Бул оңой эле ишке ашат. Анткени, кыргыздар жаңы, жакшы нерселерди баалаган жана аларды өздүштүрүүгө шыктуу, өтө таланттуу эл. Сырткы күчтөр кыргыздарга жаңы, кооз идеяларды жана жаңы технологияларды алып келишет. Сыртынан караганда алардын баары укмуштай көрүнөт, бирок ал идеялардын көбү элди ичинен бузат.
2. «Керейство, чуйру-мурство».
Кыргыз кызматка барганда «керейип», «керсейип», эч кимди «тоготпой», «мурчуюп», «чүйрүйүп», өзүнчө каада күткөндү жакшы көргөн калк. Бирок, бул айтылган мүнөз чынында, ал негизинен Совет бийлигинин тушунда мурунку малайлар менен кулдардын тукумдарынан калыптанган «элитага» тиешелүү. Сырткы күчтөр негизинен дал ушул Совет бийлиги калыптандырган элитага жана алардын балдарына таянат. Анткени, алар сыртынан «кыргызга» окшошуп турушканы менен каны, ой жүгүртүүсү баары бир башка. Ошондуктан аларга Совет бийлиги кандай мамиле кылса, эртең Кыргызстанды талкалоо үчүн сырттан келген күчтөр да аларга дал ошондой жылуу мамиле жасайт.

Тескерисинче, бул мүнөздүн чыныгы кыргыздарга эч кандай тиешеси жок. Чыныгы кыргыздар империялык ой жүгүртүүнү алып жүргөн ак сөөк эл. Аларды Совет бийлиги кырып жок кылган, бирок интеллигенциянын арасында алардан калган урпактар дагы деле бар. Көбүнүн жүрөгү түшүп, сары суусу алынып калганы менен баары бир алардын канында башка «дух» жашайт. Ал, силер айтып жаткан Манастын духу! Улуу идеялар менен улуттук ураандарды да ошолор көтөрөт. Өздөрү орто же кедей жашашканына карабай, элдин туура же туура эмес жол менен баратканын ошолор эскертип айтып турушат. Коркунуч дайым ошолордон чыгат, сырткы күчтөрдүн ишине дайым ошолор тоскоолдук кылышат. Эгер эл кырдаалды туура түшүнүп, улутчул уул-кыздарын колдоп, алар бийликке келсе, анда сырткы күчтөрдүн программасы ишке ашпай калышы мүмкүн?
3. «Жетеленме манги тап».
Кыргыз кийинки 100 жылдан ашуун убакыт ичинде орустун кол алдында тургандыктан, элди башкарган элита оруска кошоматчылык кылган эки жүздүү адамдардан калыптанып, аларды ээрчиген эл «жетеленме», өз алдынча иш кыла албаган «маңыроо», «маңги баш» элге айланды. Бир кезде улуу империяны түзгөн жана аны бир нече кылымдар бою башкарып, бүтүндөй бир зор аймакка өзүнүн саясий жана маданий таасирин тийгизген улуу Кыргыздын тукумдары азыр дээрлик жокко эсе. Болсо да, алардын тарбиясы жана духу башка. Ошол улуу кыргыздардын бүгүнкү урпактары, кайсы бир анекдоттогу «козулар» менен кошо чоңоюп, койлорго окшоп калган арыстандардын «күчүктөрүн» элестетет. Бир кезде эл башкарып, кол ээрчиткен кыргыздар бүгүн өздөрү башка элдерди ээрчип жашоого көнгөн. Б.а. комформизмдин таасирине кабылып, бузулган элдердин жаман жүрүм-турумун туурап, ошолорго окшошуп жашоону адат кылып, аны өнөргө айланткан эл болуп калган.

Эл аралык терминдердин ичинде «гелминтос» деген сөз бар, ал: «ичи толо мите курт» дегенди түшүндүрөт. Дал ошол сыяктуу «делминтос» деген дагы бир сөз бар, аны кыргыз тилине которгондо: «котур», «бөрү жатыш» дегенди билдирет. Кыргыз келечекте дал ушундай «гелминтос» жана «делминтос» элге айланат.
4. Искусстводогу баш-аламандык жана музыка менен жаштарды тарбиялоо
Жаштарды тарбиялоодо искусство өзгөчө орунда турат. Искусствонун башка түрлөрүнө караганда, айрыкча музыканын жаштарга тийгизген таасири өтө күчтүү. Ошондуктан сырттан келген күчтөр адегенде өздөрүнө сатылган адамдар аркылуу: «Бизге классиканын кереги жок, биз өзүбүздүн элдик традицияга өтөбүз!» деген ураанды көтөрүшөт. Аларды акчага сатылган дагы бир топ коштоп: «Биз Чайковскийсиз, Бетховенсиз эле жашап келгенбиз, азыр да эң сонун жашайбыз!» деп кыйкырышат. Кыргыз дароо өзүнүн салттуу музыкасына өтөт. Ошентип алар классикалык музыкадан ажыратылат. Театрга эл барбай калат. Акырындап, кыргыздын музыкасы отуруштун деңгээлине түшөт. Кыргыз аш-тойлордо гана ырдалган, сүлкүлдөп бийлегенге ылайыктуу жеңил ырларды угуп калат, профессионализм жок болот.
Суроо: «Башка түрк элдеринен айырмаланып, кыргызда «кара күүлөр» деп аталган чоң күүлөр бар. Европалык музыка изилдөөчүлөр кыргыздын ошол кара күүлөрү Европанын мыкты классикалык күүлөрүнөн кем эмес экенин дайым белгилешкен. Эгер кыргыздар кара күүлөрүн кайра улантып өнүктүрүшсө, анда алар үчүн европалык музыкадан ажыроо андай деле чоң жоготууга алып келбейт.
Жооп: Сөз, жок нерсени өздөштүрүү жөнүндө эмес, бар нерсени жок кылып алуу тууралу болуп жатат. Анан, албетте, калыптанып калган адамдарды кайра өзгөртүш кыйын, ошондуктан Программа 40 жашка чейинки курактагы жаштарга таасир берип, аларды кайра тарбиялоо максатын көздөйт. Адатта жаштар, өз элинин болобу же башка элдикиби, классикалык музыканы дайым эле берилип жана түшүнүп уга бербейт. Ошондуктан, Кыргыздын кара күүлөрү «секс-поршен музыка» деп аталган ыргактар кайра иштелип чыгат. Андан башка, жакында бул жерге, азыркы өнүккөн техниканын эң мыкты үлгүлөрү болгон: компьютерлер, чөнтөк телефондор жана телевизордун жаңы түрлөрү келет. Анан, ал компьютерлерге да, чөнтөк телефондорго да жаштарды буза турган «секс-поршен музыка» менен парнографиянын ар кандай түрлөрү салынат. Ошентип, советтик кинону парнография менен ал эми советтик музыканы «секс-поршен музыка» деп аталган музыка менен талкалап, жок кылышат. Кафе, ресторандарда дубалга илинген телевизорлор аркылуу, жаштарды алаксыткандан башка эч кандай максаты жок, жарым-жартылай жылаңач аялдар ырдап-бийлеген жеңил музыкалар күнү-түнү тынбай ойнолуп турат. Ал эми парнографиянын түрү суук үлгүлөрү менен «секс поршен музыканын» жаш уландарды дүүлүктүрүп, жиниктирген ыргактары интернет аркылуу дүйнөгө жайылып, кечки клубдарда кеч киргенден таң атканча тынбай көрсөтүлөт. Жогоруда айтылгандай: улуттук маданият «массалык маданият» менен алмаштырылат; советтик билим берүү системасы толук жок кылынат; жарандардын ден-соолугуна камкордук көрүү – ал мамлекеттин эмес, жарандардын өзүнүн ишине айланат.

Андан башка жеңил музыканы жайылтуу жана жаштарды бузуу үчүн көптөгөн теле-радио станциялар курулуп, жаңы жеке менчик гезит-журналдар ачылат. Алар аркылуу жалаң адам өлтүргөн, аял зордуктаган маалыматтар менен кошо «секс поршен музыканын» «онтогон» жана кыйкырган аялдардын «кыңшылаган» үнүнө толгон ыргактары кайра-кайра жаңырып, тынымсыз берилип турат. Бул музыканы бир жыл уккан адам башка музыканы уккусу келбей калат. Он жыл уккан адам таптакыр башка адамга айланат. Ошентип жашоону башкача элестеткен адамдын жаңы түрү өсүп чыгат.
5. Адабият жөнүндө
Акын-жазуучулар – бир гана көркөм чыгарма жазган таланттуу адамдар эмес, алар табият тарабынан өзүнө берилген таланты менен үй-бүлөнүн деңгээлинде адамды «адам» кылып тарбиялап келаткан мугалимдер, ал эми мамлекеттик деңгээлде улутту «улут» кылып калыптандырып келаткан тубаса «идеологдор» болуп саналат. Ошондуктан Советтик система өзүнүн акын-жазуучуларынын жана окумуштууларынын эркин иштеши үчүн керектүү шарттарынын баарын түзүп берип, алардын укуктары менен жазган чыгарамаларын мамлекеттик деңгээлде коргоого жана колдоого алып, ал эми өзүлөрүн башкы идеологдорго айлантып, колдонуп келатат.
Бирок, идеологдорго айланган жазуучулар менен идеологияга айланган алардын чыгармалары конкреттүү улуттук кызыкчылыкка эмес, абстрактуу, эч качан ишке ашпай турган келечеги жок коммунисттик идеяга кызмат кылып келүүдө. Б.а. советтик адабият конкретүү «кыргыз», «орус» же «түрк» адамынын эмес, турмушта жок, кыял менен жаратылган «советтик адамдын» образын жаратууга жана даңазалоого багытталган. Анын эң чоң кемчилиги жана катасы мына ушунда.
Эртең заман алмашканда, «гонорар системасы» жок кылынат. Бул иш советтик адабиятты талкалоо үчүн жасалат. Ошондо советтик акын-жазуучулар суудан кургакка чыгып калган балыктын абалындай жашоого туш болушат. Дагы башкача салыштырып айтканда, бул көрүнүш – оор өнөр жайындагы кара түтүнгө толгон зыяндуу цехтерде колдонулуучу «кислороддук балон» системасын жок кылган сыяктуу көрүнүшкө окшош. Анда, зыяндуу цехтин сыртында, кислород толтурулган балонго туташтырылган шланг аркылуу цехтин ичине таза аба кирип турат. Цехтин ичиндеги иштеген адамдар ошол абаны дем алып иштешет. «Кислороддук балондун» кислороду жок кылынгандан кийин, цехтин ичи тазаланбай калат да, аба ууга айланат. Ошону менен таза аба кирбей, цехтин ичинде иштеген жумушчулар акырындык менен биринин артынан бири ууланып өлүшөт. Дал ошол сыяктуу таланттуу акын-жазуучулар да гонорар албай, көр тириликке байланып, мыкты чыгармаларды жазганга шарты жок, кыйналып жүрүп жок болушат.
Экинчи дүйнөлүк согуштун убагында, Совет бийлиги ар кандай арыз-муң менен даттанып келген адамдардан качып, эшигине: «Райком закрыть, все ушли на фронт!» деп жазып койчу. Жаңы система да дал ошентип, жазуучулардан кутулуш үчүн: «Гонарар жок, үмүт кылып, күтпөгүлө!» деп, Жазуучулар үйүнүн кире беришине жазып коюшат.
6. «Кыргыздар» жана «киргиздер» жөнүндө.

Дүйнөдөгү бардык эле элдердин айылда жана шаарда жашап жаткандары бар. Булардын ичинен негизинен таза, нукура улуттук маданиятты айылда жашап жаткандар алып жүрүшөт. Ал эми шаардыктар аралашкан, өзгөргөн маданияттын ээлери болуп саналат. Бул көрүнүш түздөн түз тилге да тиешелүү. Бирок, адабий тили калыптанган жана маданияты өнүккөн өлкөлөрдө айыл адамы менен шаар адамынын ортосундагы айырмачылык өтө аз болот.
Өз тилинде сүйлөй албаган шардык киргиздер нукура кыргыз тилинин жана мааниятынын өсүшүнө дайым тоскоолдук кылып келишкен. Бул көрүнүш эртең да уланат. Программа боюнча, кыргыз тили «мамлекеттик тил» деп жарыяланганы менен алардын функциялары мурункудай эле калат. Кыргыздар киргиздерди кыргыз тилин, каада-салтын унутуп, аң-сезими «орусташкан» адамдар катары күнөөлөшсө, киргиздер кыргыздарды айылдык «артта калган» адамдар катары теңсинбеген, текебер мамиле кылышат. Кыргыздар: «Өлкөнү кыргыз тилин билген, чыныгы, таза кандуу кыргыз башкарыш керек» десе, киргиздер: «Өлкөнү башкарган адам орус тилин сөзсүз билиши керек, Россиясыз биз өнүгө албайбыз» деген аргументти айтышат. Тигил жагында да, бул жагында да сырткы күчтөргө сатылган адамдар иштешет. Эки тараптын каршылыгын ошолор курчутушат. Кыргыздар «түндүк-түштүк» гана эмес, «кыргыз-киргиз» фактору боюнча да ички каршылыктарын көбөйтөт.
Суроо: Азыр совет бийлиги орустарга таандык болуп турганы үчүн, жаштар орусча сүйлөп атышат. Эркин мамлекет болгондон кийин маселе өзүнөн өзү башкача чечилет. Кыргыз тилинин мамлекеттик тилге айланышы менен киргиздер эле эмес, орустар да кыргызча сүйлөөгө мажбур болушат. Анткени, тарыхта ушундай болуп келген, азыр деле бүт дүйнөдө ушул принцип менен жашап жатышат. Кыргыздар «негирлер» эмес. Булар түптүү, бир замандарда империя түзгөн улуу эл.
Жооп: Сиздин айткандарыңыз туура. Бирок, али ачыкка чыга элек, бир фактор бар: биздеги маалыматтарга караганда, «киргиздердин» көбү «теги» боюнча башка элдер. Чыныгы кыргыздар керектүү учурларда гана орусча сүйлөшпөсө, калган учурда дайым кыргызча сүйлөшөт. Алардан айырмаланып, «кыргыз эмес» кыргыздар орусча сүйлөп, орустарга жагынып, алар аркылуу кызматка барууну салт кылып алган. Эртең бул фактор сырткы күчтөр тарабынан дагы күчөтүлөт. Кыргыз тилинде сүйлөгүсү келбеген катмар тымызын колдоого алынат. Сиздерге дагы бир жолу айтып коёюн: Совет бийлиги ак сөөк кыргыздардын тукумун куугунтукка алып, кырып, жок кылып, алардын алдында малай, кул болуп жүргөн кыргыздардын урпактарына билим берип, жогорку кызматтарга көтөргөн. Бүгүнкү билимдүү жана кадыр-барктуу адамдардын көбү – ал кечеги малайлар менен кулдардын тукумдары. Албетте, адамдын «кул» же «кул эмес» экенин жүргөн жүрүм-турумунан, кылган иштеринен билсе болот. Анткени алар дайым кожоюндун көзүн карап, кожоюн эмнени айтса, ошону кыңк этпей аткарган адамдар. Ак сөөк кыргыздардагы «эл эмне дейт» деген сезим кул тукумунан чыккан адамдарда болбойт. Анткени, кулдун өзүнүн кара башынан башка эч нерсеси жок, ошондуктан алар өзүмчүл келишет. Анализге алганда, кыргыздардын дээрлик баары «улутчул», киргиздердин дээрлик 90 пайызы улуттун тагдырына кайдыгер караган «улутсуз» адамдар болуп чыкканы ошондон. Алардын кээ бири Кыргыз мамлекетинин башында «кыргызга» караганда «кыргыз эмес» адам турганы жакшы» деп ойлошот. Анткени, өлкөнүн башында теги башка адам турса, ал өзүнүн тегерегине да «теги башкаларды» көбүрөк жыйнайт. Кыргыз эместер үчүн чоң кызматтарга барууга мүмкүнчүлүк кенен болот. (Аны биз А. Акаевдин жана К. Бакиевдин тажрыйбаларынан көрдүк – Б.Т.).

Эртең да сырткы күчтөр дал ошол теги башка элдердин өкүлдөрү менен тыгыз иштешишет. Негизинен, дал ошол адамдардын балдары чет өлкөдөн окуп келе турган шарттар түзүлөт. Анан, окууну бүтүп келгенден кийин ал балдардын кээ бири өздөрүн окуткан өлкөлөрдүн көзөмөлүндө болуп, ар кандай багыттагы элдин башын айланткан идеяларды таратышат. Ошондуктан алар ар кандай формада сырттан каржыланып, жашыруун колдоого алынып турат.
Кыргыздар күч согушунда көптөгөн ийгиликтерге жетишип, миңдеген жылдык уруш-талаштарда улуу эрдиктерди көрсөтүп келген баатыр калк. Бирок, алдыда боло турган согуш – ал идеологиялык согуш. Бул согушка кыргыздар даяр эмес жана ал согушта алар кантип согушууну билишпейт. Бул согуш – дүйнөлүк согуштун жаңы жана өтө коркунучтуу түрү. Ал «маалыматтар согушу» деп да аталат. Бул согушту жүргүзгөн адамдар мурункулардай болуп автоматтан ок атып, самолеттон бомба таштап, айыл-шаарларды танкаларга тебелетпейт. Алар ар кандай жалган маалыматтарды чындык менен аралаш таратып отуруп, адамдардын аң-сезимин таптакыр башка жакка буруп салышат. Натыйжада, аң-сезими төмөн элдер бат эле «тирүү өлүктөргө» айланып, кантип жеңилип, аларга көз каранды болуп калганын билбей да калышат. Эгер согуш кайсы бир элде 40 жылга чейин созулса, анда ал элден эч нерсе калбайт. Бул согушка каршы тура турган бир гана курал бар, ал – Улуттук идея менен куралданган улутчул уул-кыздардын биримдиги! Башкача айтканда еврейлер сыяктуу Улуттук идея менен куралданган улутчул уул-кыздарын колдогон Эл гана бул дүйнөлүк апааттан аман калат!
7. Генефондду жок кылуучу биологиялык куралдар жөнүндө
Кыргыз аракты аябай көп ичкен эл. Алар ал турсун өздөрү айтышып жүрүшкөндөй аракты ичүү жагынан кээде орустарды да артка калтырышат.

Система алмашкандан кийин, арак чыгаруу мамлекеттик эмес, жеке менчик өндүрүшкө айланат. Сырткы күчтөрдүн: «Арак ичкен элдерди, арак менен адегенде мээсин анан өзүн бузуп жок кылабыз!» деген урааны бар. Ошондуктан жакынкы мезгилдерде арактын түрлөрү көбөйөт. Укмуш аттар коюлуп, бөтөлкөлөрү керемет, кооз жасалат. Китеп дүкөндөрү кыскарып, арак саткан дүкөндөр көбөйөт. Алардын арасында адамдын өмүрүн кыскарта турган өзгөчө «уу зат» кошулган арактар да болот. Ал «уу зат» кошулган арактарды кимдер жасап, кимдер сатып жатканын эч ким билбейт? Анткени, аны аныктоо – өзгөчө билимди талап кылган өтө татаал жумуш.
Суроо: Кийинки мезгилдерде Россияда эле эмес, бизде – Кыргызстанда да кем акыл балдардын мектептеринин саны көбөйүп жатканы тууралу ар кандай маалыматтар таралууда, бул эмне, арактан улам ушундай болуудабы же дагы башка бир себептери да барбы?
Жооп: Бул да азыр эч нерсе эмес, кем акыл балдардын саны эми дүркүрөп көбөйөт. Кыргыз чынында абдан таланттуу эл, Чынгыз Айтматовго окшогон улуу инсандардын Кыргыздан чыгып жатканы да жөн эмес. Ошондуктан Кыргыз мамлекетин «жок кылуу» үчүн иштелип чыккан атайын Программа боюнча, арактан башка тамак-аштар менен бирге «биологиялык» курал да колдонулат. Ал куралдын өзгөчө бир түрү – «генетикалык курал» деп аталат. Бул курал адагенде адамдардын өзүнүн денесин, анан алардын тукумун бузат. Бул куралдын эң жаман жери – Кыргыз үчүн чыгарылганы кыргызды кырат да, кыргыз эместерге эч кандай зыян келтирбейт. Т.а. ошондой уу зат кошулган тамакты жеген кыргыздар өлөт да, кыргыз эместер эч нерсе болбойт.
Эртең, такай арак ичкен жана ар дайым чет өлкөдөн келген тамак-аштарды жеген ал адамдардан кем акыл же майып балдар төрөлөт. Кем акыл балдардын саны өсөт. Сырткы күчтөр кем акыл балдарга жардам берүүнү камкордукка алат да, ошол эле убакта таланттуу балдарга жардам бербейт. Анткени, алар, «таланттуу балдарды өстүрүү – ал ошол Улуттун өзүнүн иши» деп эсептешет.

Маалымат куралдары күнү-түн колдонулат. Ал маалыматтар адегенде уккан адамдын акыл-эсин, оюн бузуп, анан өзүн сырткы күчтөр эмнени айтса, ошону жасаган манкуртка айлантып салат. Бул бүт дүйнөнү кучагына алган жана адамзат али биле элек согуштун жаңы түрү.

* * *

Аксакал киши ушинтип өзүнүн сөзүнүн аягына чыкты. «Мына ушундай балам» деди ал оор үшкүрүп. Анан: «Мен ушул сөздү укканыма быйыл 26 жыл болду» деди. «Ушул убакка чейин эмне үчүн эч кимге айткан жоксуз?». «Айттым, Коопсуздук комитетинде иштеген эки аяш балам бар эле, ошолорго айттым». «Алар эмне дешти?». «Бизде мындай маалыматтар жок, ошондо телефон чалып койсоңуз болмок экен, биз жазып алмак экенбиз» дешти. «Эмне сөз болорун кайдан билдим?» дедим мен. «Адегенде ал айтылган сөздөргө мен ишенген жокмун. Анан ошол бойдон ал чогулуш эсимден чыгып кетти. Бирок, чын эле 1991-жылы СССР чачылды. Ошондо, ошол 1987-жылы декабрда болгон чогулушту бир эстедим. Анан тирилик менен жүрүп, ал чогулуш тууралу дагы унутуп калдым. Ортодо эки революция болду… Төрт жолу бийлик алмашты. Анда деле ал жыйынды эстеген жокмун. Акыры, кече жакында сенин «Үчүнчү Дүйнөлүк согуш» деген макалаңды окуп жатып, ошол жыйын эсиме түштү. Анан отуруп, 26 жыл мурун болуп өткөн ошол чогулушту кайрадан көз алдыман өткөрдүм. Анализдеп отурсам, кудай өзү сактасын, баары эле ошол Москвадан келген аялдар айткандай болуп жатыптыр. Ал кезде АКШнын да, Түркиянын да, Кытайдын да, бир Россиядан башка бирөөсүнүн да аты-жыты жок болчу. Азыр чын эле «төрт» мамлекет биздин жерди ээлеп, ар ким өзүнүн билген иштерин жасап атыптыр…

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА

СУРОО: Айтыңызчы, жогоруда Москвадан келген аял «Кыргызстан төрткө бөлүнөт» деген ойду эмнеге негиздеп айтты деп ойлойсуз? Кыргызстан кантип «төрткө» бөлүнөт, аны ким бөлөт? Ким каерди бөлүп алат?..
ЖООП: …Мен ошол 1987-жылы 6-декабрда болуп өткөн чогулуштагы айтылган сөздөрдү эстеп, көп ойлондум. Ушул суроо берилгенде, москвалык аял: «СССР чачылгандан кийин эле болжол менен Кыргызстанга төрт мамлекет келип, өздөрүнүн байланышын түзүп, ишмердигин жүргүзүшөт. Алар: Россия, АКШ, Туркия жана Кытай. Негизи ЦРУнын программасы боюнча, Кыргызстан АКШга көз каранды мамлекетке айланыш керек. Бирок, Россия Кыргызстанды жөн эле кармата койбойт. Тууган эл катары түрктөр да тирешкенге даярданат. Кытай болсо, эч кимге айтпай, эч кимден уруксат сурабай эле акырын кирип келет. Анан, аны ээлеген жеринен эч ким түртүп, сыртка чыгара албайт. Ким түртсө, Кытай ал мамлекет менен согушат. Ал эми Кыргызстан төрткө кандай бөлүнөт, кайсыл жери кимге тиет, азырынча белгисиз, аны убакыт көрсөтөр” деп, Москадан келген аял суроого так жооп берүүдөн качып, айтпай койгон. А балким, ал кезде ал аял деле так билген эместир? Менин болжолумда ал мындай болот: Россия Чүй менен Ысык-Көлдү бербейт. Анткени, ал аны дээрлик жүз жылдан бери ээлеп келатат. Кытай чектешип турган Нарын областына кирет. Түрктөр сыягы Талас, Жалал-Абад областарын кармайт. Ал көп жылдан бери ансыз деле Таластын буурчагы менен иштешип келатат. Америка болсо, Ош, Баткен областарына өзүнүн аскер базасын алып келип жайгаштырат да, аерден Өзбекстанды ээлөө пландарын ишке ашырууну ойлонот. Анткени, Р. Отунбаева президент болуп турганда: «Биз АКШнын аскер базасын чыгаргандын ордуна, Баткен областынан орун таап беришибиз керек. Антпесек, Ооганстанда террористтер күчөп атат, кирип келишсе, ага каршы тура турган биздин күчүбүз жок» деп айткан. Ал бул сөздү жөн айтпаганын мен эми түшүнүп отурам.

СУРОО: Бул план болжол менен качан ишке ашышы мүмкүн деп ойлосуз?
ЖООП: Бул планды иштеп чыккандар москвалык аял айткандай, болжол менен 2025-жылга чейин ишке ашырууга аракет кылышат. Бирок, ал план ишке ашабы же жокпу билбейм?..
СУРОО: Эмне, бизде жогорку төрт мамлекетке каршы тура турган күч барбы? А болбосо эмнеге таянып, «ал план ишке ашабы же ашпайбы» деген сөздү айтып жатасыз?
ЖООП: Биринчиден, мен – Кыргызмын! Анан, мен, Кыргыздын башка элдер али биле элек улуу касиеттерине жана дүйнө элдерин таң калтыра турган эрдиктерди жасоого жөндөмдүү жоокер эл экенине ишенем. Кыргызды кудай колдойт. Анткени, Кыргызды «жок кылам» деген көп элдер тарыхтан өздөрү жок болуп кетишкен. Эми да ошондой болот. Анткени, кыргыздар жөнү жок эч кимге жамандык каалабаган эл, ошондуктан Кыргызды ким «жок кылам» десе, ал өзү жок болот!
Экинчиден, башка элдер сыяктуу эле Кыргыздын да «жакшы» жана «жаман» сапаттары бар. Сырткы күчтөрдүн жогоруда айткан сын-пикири эң туура, чын эле биз азыр алар айткандай элбиз. Чынын айтсам, биздин кемчилигибиз «жетиден» да көп. Ошол үчүн бүгүнкүдөй «таз кейипти» кийип отурабыз. Эми, эл болгондон кийин арасында «агы» да, «көгү» да болот. Эгер Кыргыз жалаң эле жаман сапаттардан турса, анда ал, алда качан эле жок болуп кетмек. Тескерисинче, анын жаман жактарына караганда жакшы сапаттары көп болгону үчүн «3 миң» жылдан ашуун убакыттан бери жок болбой жашап келатат. Демек, бул жолу да аны «жок кылабыз» деген күчтөр жаңылып, тилеги таш кабарына мен шек кылбайм! Бирок, адегенде башка элдер байкаган «7» кемчиликти биз сөзсүз, тез арада жоюшубуз керек! Бул бизге кудайдын берген бир чоң белеги. Анткени, биз өзүбүз өзүбүздүн бул «жети» кемчиликти эч качан тактай алмак эмеспиз. Кыргыз өзүнүн ушул «жети» кемчилигин жок кылуу менен Дүйнөлүк согушту жеңип чыгат. Кыргыз дүйнөнү ошондо таң кылтырат. Тарыхта: «Түгөнгөн сайын түтөгөн Кыргыз, кырылган сайын күчөгөн Кыргыз!» деген сөз жөн айтылбаган.

Анан дагы менин таятамдын мага үйрөткөн бир дубасы бар эле, ал минтип айтчу: «О, улуу Кудай! Өзүң колдо, өзүң жар бол! Бак карап, Кыдыр даарысын, башыма кетпес Дөөлөт кушу консун, үйүмө түгөнбөс ырыс-кут, береке толсун! Мага, менин үй-бүлөмө жакшылык кылган адамдардын тилектерин бер, ойлогон ой-максаттарына жеткир! Мага, менин үй-бүлөмө жамандык кылам деген адамдардын тилектерин таш каптыр, жамандыктарын өз баштарына тийгиз!».
Чын эле, касиеттүү адамдар айткан дуба түз тиерин мен бала кезден бери билем. Мисалы, менин таятамдын назарынан калган адам жакшы болчу эмес. Сөздөн улам сөз: бир жолу биздин бир тайыбыз жоголуп кетти. Таятамдын издебеген жери, сурабаган кишиси калбады. «Күлүктүн тукуму эле…» деп, бир күнү таятам отуруп алып, катуу кейиди… Көп өтпөй, айылдын наркы четинде жашаган Айтакун деген бир адам жүк ташый турган машина менен баратып, Жамбулга жете бербей авария болуп өлгөнү угулду. «Машинаны үстүндө базарга сатканы алып бараткан бир асый чыкма тай бар экен, буту сынып кетиптир, аны өлүмүнө союшуптур. Базарга сата турган малы өзүнүн өлүмүнө буйруптур» деп кеп кылышты барып келген кошуналар. Кабар угуп, бата кылганы кеткен таятам: «…кудай урган акмак, тай биздики экен» деп келди кечинде үйгө…
Дагы бир кошунабыз, кокусунан короосуна кирип кеткен торпогубузду айры менен ичине сайып салган экен, канча аракет кылсак да, айры кирген жери ириңдеп жүрүп, акыры мал болбоду. Ошондон көп өтпөй, ошол кошунабыз карагай кескени барган жеринен чалынып жыгылып, көзүн куу бутак сайып, бир көзү агып түшүп калды…

Кыргыздын: “жалгыз тал көрсөн – кыйбай жүр, жалгыз жан көрсөн – сыйлай жүр” деген макалы бар. Ушуга байланыштуу мындай бир окуя болгон. Бир күнү, таятамдын чоң аталары отурган кыштоодогу чоң теректи бирөө кыйып кеткени угулду. Таятамдын теңтушу Нарбай аба келип: «Ой Баялы, чоң атаңдын кыштоосундагы теректи эмне кыйып салдың?» деп сурады. «Ким айтты?.. Ким кыйыптыр?..» деп таятам чоочуп кетти.

Таятам аны өзгөчө кастарлап, дайым жайлоого жол менен өтүп баратканда кайрылып, аны карап отуруп алып, чоң аталарынын арбагына куран окуп өтчү. Жылда жайында барып, жанындагы капталдан чөп чапчубуз. Эртеси эле таятам мени атына учкаштырып алып, эски кыштоого алып барды. Кыйылган теректин дүмүрүн көрүп, чыдабай кетти окшойт: «О, арбак урган кысталак! Ылайым, жарыбай өт!..» деп катуу кейиди. «Чоң атам тиккен терек эле…» деп аябай жаман болду. Аны сураштырып, кийин ким экенин таятам билди. Айылдын наркы четинде жашаган, Какай деген киши болуп чыкты. «Пейлиңен тапкыр тентиген тексиз, баягы баланчанын баласы экен» деп таенеме айтты. Бир күнү ошол теректи кыйган адам таятамдын алдынан карп-курп чыга калыптыр. Анан таятамды көрүп алып эле, кайра саламга келбей, артка качып жөнөптүр. Көп өтпөй оозу кыйшайып, анан ар нерсени сүйлөгөн жинди болуп калды…
Мен муну эмнеге айтып жатам? Кыргызда ушул менин таятама окшогон касиеттүү адамдар көп. Эгер ошондой адамдар менен кошулуп кыргыздар күндө эртең менен жогоруда менин таятам айткан дубаны же ошол сыяктуу өзүнүн билген калоо-тилектерин айтып, бата кылып турса, көптүн тилеги кабыл болот. Ошондо биз бул согушту жеңип, кайра мурдагыдан да алдуу-күчтүү улуу элге айланабыз.

…Карачы, сырткы күчтөр туура байкаган, Кыргыз ал турсун дуба кылып жатып да, башка бирөөгө жамандык каалабайт. Бирок, бүгүн кыргыздар бул дубаны Улуттук деңгээлге алып чыгышы зарыл. Башкача айтканда, бүгүн ар бир кыргыз эртең менен эрте туруп, жуунгандан кийин, чай ичер алдында жогорку дубаны ичинен кайталап, аяк жагында: «…Мага, менин үй-бүлөмө жана Кыргыз элиме жакшылык кылган адамдардын тилектерин бер, ойлогон ой-максаттарына жеткир! Мага, менин үй-бүлөмө жана Кыргыз элиме жамандык кылам деген адамдардын тилектерин таш каптыр, жамандыктарын өз баштарына тийгиз!» деп, толуктап айтыш керек.
Үчүнчүдөн, Кыргыздын: «кара кыргыз», «ит кыргыз», «бурут» деген байыркы элдер тарабынан берилген улуу наамдары бар. Көпчүлүк адамдар бул наамдар өз убагында Кыргыздын «байыркылыгын» жана «баатырлыгын» тастыктап турган сөздөр болгонун биле беришпейт. Мисалы: «кара кыргыз» – «байыркы кыргыз», «улуу кыргыз», «чоң кыргыз», «баатыр кыргыз»; «ит кыргыз» – «жоокер кыргыз»; «бурут» – «көк жал кыргыз» деген маанилерди билдирет. Андан башка, байыркы замандарда, кытай тарыхчылары: түрк жоокерлерин – «бөрүлөр», кыргыз жоокерлерин– «барстар» деп жазганы белгилүү. Ал эми кече 16-кылымда перстер кыргыздарды «Моголстандын арыстандары» деп айтышкан. Борбор Азияда жашаган көчмөн элдердин ичинде Кыргыздын гана ушундай улуу наамдары жана атак-даңкы бар.

Анан дагы, көчмөн элдерди, анын ичинде кыргыздын түпкү ата-бабалары болгон «турларды» байыркы ирандыктар «сактар» дешкен. Анын бир мааниси «ит» дегенди билдирет. Аларды изилдеген окумуштуулар: тынч мезгилде өз ара уруу-уруу болуп, урушуп жаткан көчмөндөр, сырттан душман басып киргенде, өз ара урушуп жатышканын унутуп, душман талкалангыча бир муштумга түйүлүп, биригип, согушканын белгилеп жазышкан. Ошол үчүн сырттан кирген душмандар канча эсе көп болгонуна карабай, көчмөндөрдөн дайым жеңилишкен. Дүйнөнүн башка элдери өздөштүрө албаган көчмөндөрдүн: «ит уруш», “оромо” деп аталган согуштук ыкмалары болгон. Ошондуктан: «Көчмөндөрдү амал менен алдап жеңбесек, көптүгүбүзгө салып жеңе албайбыз» дешкен отурукташкан элдер. Анан дагы: «Качырып келаткан көчмөнгө караганда, качып бараткан көчмөн көбүрөөк коркунучтуу» деп айтышкан.
Ал эми мындан эки жарым миң жыл мурун, тарыхтын атасы Геродот: «Бириккен скиф колуна Европанын эле эмес, Азиянын да бир эли каршы тура албайт» деп жазган. Демек, биз-Туран элдери биригип, сен өзүң жазып жүргөндөй “ТурЭЛ” (“Туран элдеринин Лигасы”) союзун түзсөк, бизге каршы эч ким эч нерсе кыла албайт.

Төртүнчүдөн, Кыргыз Республикасы ШОСтун мүчөсү. Америка «Евразиялык балкан» проектисин түзүп жатканда, Борбор Азияда ШОС сыяктуу эл аралык күчтүү уюм түзүлөт деп ойлогон эмес. ШОС турганда Америка баш болгон сырткы күчтөр эч качан Кыргызстанды бөлүп-жара албайт! Анткени, Кыргызстандын «бөлүнүп-жарылышы» – ал ШОСтун «бөлүнүп-жаралышы» деген сөз. Башкаларын айтпаганда да, ал – Кытай менен Россиянын АКШдан жеңилиши дегенди билдирет.
Андан башка, араб өлкөлөрү Муаммар Каддафи баш болгон бир топ лидерлерин жоготуп, өзү менен өзү согушуп жатат. Бүгүнкү күнү ыркы кеткен, ынтымагы жок түрк элдери сыяктуу алар да бүт дүйнөгө шерменде болушту. Бул ислам ишенимине өтө чоң сокку урду. Бирок, бүгүн арабдардын кээ бир лидерлери аны түшүнүп, америкалыктарга сатылып, жарандык уруш чыгарган адамдарды кармап, өлтүрүп башташты. Бул эми күн санап күч алат. Мындан түрк элдери да чоң сабак алышы керек. Сыягы, Ностродамус, Ванга сыяктуу улуу көзү ачыктардын айткандары келип, арабдар биригери менен америкалыктарга каршы адегенде Европаны каптап киришет. Америка Кыргызстанды «төрткө» бөлмөк турсун, өзү «кыркка» бөлүнүп, улуу өлкө катары жок болуп кетиши мүмкүн. Менимче, келечекте Америка кайрадан индеецтер бийлеген өлкөгө айланып, Борбор Азияда «Туран элдеринин Лигасы» («ТурЭЛ») деп аталган түрк элдеринин улуу Союзу түзүлөт!
СУРОО: Сиз айткандай, мен да бир Кудайга, бир Кыргыздын өзүнө ишенем, башка эч кимге ишенбейм! Бирок, баары бир «СССРди чачкан күчкө биз кантип каршы тура алар экенбиз» деген суроо жүрөктү мыкчып турат? Анан, 3-Дүйнөлүк согуш – Идеологиялык согуш жүрүп атат, а биздин ага каршы коё турган идеологиябыз жок!? Мурун да идеология тууралу сөз болуп турчу эле. Анда, «аскери жок генерал сыяктуу» бечара көрүнсө да, «госсекретарь» деген кызмат бар эле. Азыр анын бири да жок, ал турсун «идеология» деген сөздү Өлкө башчылары таптакыр унутушту.
ЖООП: «Бизде идеология жок» деген сөз – туура эмес сөз. «Бизде идеология бар – ал Кыргызды манкуртка (кем акылга) айлантуу, Кыргыз мамлекетин талкалап, аны төрткө бөлүү» идеологиясы! Биздин мамлекет башчылары 22 жылдан бери Кыргызды сактап калуу эмес, Кыргыз мамлекетин талкалап, Кыргызды «улут» катары жок кылуу идеологиясын жүргүзүп келатышат. Биз бүгүн, өзүң жазгандай, «Борбор Азиядагы инвесторлордун акчасына көз каранды болгон неоколониализмдин жападан жалгыз жана эң мыкты үлгүсүнө айландык. Биз бүгүн эркин мамлекет эмеспиз. Аны моюнуна алган биздин жетекчилер, бүгүн Кыргызды эл аралык серепчилер жана политологдор «өзүн өзү өнүктүрүүгө жөндөмсүз эл» катары эсептеп жатышат» деп, расмий документтерге жазышты». Ал өткөн жылы кабыл алынган «2012-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү» Концепциясында жазылып турганын да өзүң айттың.
Кыргыз мамлекетинин ушундай оор абалга келишине азыркы бийликте тургандардын да салымы абдан чоң. Кубаныч Кадыров деген жигит жазгандай, «20 жылдан бери 200 адам эле эки топко бөлүнүп алып», Кыргызстанды башкарып, бири бийликке келсе, экинчиси оппозицияга өтүп, анан оппозицияда жүргөнү бийликке келгенде, бийликте тургандары качып кетип, кача албай калгандарын өздөрү эптеп качырып, элди жаш баладай алдап келатышат.
СУРОО: Туура айтасыз. Ушинтип, элди алдап, талап-тоноп отуруп, бүгүн туташ кризис абалга туш келдик, сиздин оюңузча бул абалдан кантип чыгабыз? Жогоруда айтылган «7» кемчилигибизди кантип жоёбуз?
ЖООП: Бир гана жол бар: Ал – чыныгы, таза кандуу кыргыздын бир улутчул уулун өлкөнүн башына алып келүү маселеси. Ал адам «түндүктүн» же «түштүктүн» деңгээлинде эмес, жалпы Кыргыздын деңгээлинде ой жүгүрткөн адам болушу керек. Аны бүт Кыргыз уруулары колдоого тийиш! Бирок, бул учурда үч маселе бар: Биринчиден, ошондой улуттук лидерди табуу зарыл. Андай адам сөзсүз эле «бай» же ушул убакка чейин «жогорку кызматта» иштеген адам болбошу мүмкүн? Андай адам ХХ кылымдын улуттук улуу лидерлеринин бири – Муаммар Каддафи сыяктуу жөнөкөй көчмөн, малчынын үй-бүлөсүнөн чыккан эр азамат болушу ыктымал? Экинчиден, аны өлкөнүн башына кантип алып келебиз, ким алып келет? Мына ушул маселе да чоң мааниге ээ. Үчүнчүдөн, ал адам Элдин ишеничин актап, «башын канжыгага байлап, канын көөкөргө куйган» адам боло алабы же «президент болсом кыйратам» деп, анан президент болгондон кийин, сырткы күчтөрдүн ара акчасына сатылып, мурункуларга окшоп, оозуна кум толтуруп алгансып, унчукпай олтуруп береби – кеп мына ушунда.

Мына ушул суроого жооп издеген адам сөзсүз үч жылдан бери сиздер көтөрүп келаткан Улуттук Улуу Хурал (Улуттук Улуу Курултай) системасын орнотууга келип такалат. Мурун мен бул Кыймылдын Улут үчүн ойной турган ролун анча түшүнчү эмесмин, эми карап отурсам, ушул Институтту орнотуудан башка ишенимдүү жол жок экен. Келечекте дал ушул институт гана Кыргыз мамлекетин башкара турган чыныгы Кыргыз элитасын калыптандырышы мүмкүн? Анан, албетте өлкөнү башкара турган Улуттук Лидерди Эл өзү тандашы керек. Эң башкысы – аны «акчага» жана «аракка» сатылган адамдар эмес, элдин эң мыктыларынын 21Улуу Жыйыны – «Улуттук Улуу Хурал» институту тандоого тийиш! Башка жол жок!..
…Ушинтип, тигил аксакал адам сөзүн аяктады.

Назира БЕГИМ. Журналист,
Бишкек шаарынан. 19.10.2015.

Oct 16

Кайрымдуулук..


******************************************************************************************************************

«К Ө Ч М Ө Н Д Ө Р Д Ү Н»   К И Т Е П   Т Е К Ч Е С И

«Өзүнүн босогосунан алыс чыкпаган жекече турмуш,
канчалык жакшы болсо да жардыга тете!»
Александр ГЕРЦЕН

******************************************************************************************************************

12“Фейсбкутагы” Мекенчилдердин “Кыргыз Көчү” тобунун мүчөлөрү мындан жети ай мурун ардагер жазуучу, Каракол шаарынын тургуну Мусакун САТЫБАЛДИЕВДИН «Бейиттеги боз торгой» аттуу роман-эссе китебин басмадан бастырып чыгаруу жаатында демилге көтөрүп, ошол күндөн баштап колдон келген каражаттарыбызды топтоп баштаган элек. Аталган китептин 1-бөлүгү мындан сегиз жыл мурун жарык көргөн, ошондуктан биз башында айтылгандай бул жолу китептин 1-2-бөлүгүн бириктирип, чогуу эле бир жыйнак китеп кылып бастыралы деген чечимге келгенбиз. Андыктан бул эссе-роман өтө көлөмдүү китеп болоору бышык. Эгер антпей, бул жолу да бөлүп, китептин 2-эле бөлүгүн чыгарып койсок окурмандарга чыгарма анча түшүнүксүз болуп калчуудай. Себеп дегенде, китеп жарык көрүп калса жалаң эле биринчи бөлүгүн окугандар алып окуйт деш кыйын, ошондуктан чыгарма менен таанышкан окурмандар окуйаны орто жеринен гана баштап окуп калаарын эске алдык. Рома-эссе китепти чыгаруу үчүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жашаган Көчмөн мекендеш, досторубуз колдорунан келишинче жардамдарын айабай, аздыр-көптүр каражат которуп, ак дилдери менен демөөрчү болуп беришти. Учурда топтолгон каражатыбызга дагы бир аз кошумча болоору белгиленип жатат. Жакын арада романды басмаканага берип, китепти бастыруу камылгасын көрө баштайбыз, буйурса..
Ошентип демөөрчүлөр тарабынан топтолгон каражаттын жалпы суммасы азырынча ашык-кеми жок 111 160 (жүз он бир миң жүз алтымыш сом) болду. Эмесе төмөндө роман-эссе китепке демөөрчү болуп берген боордошторубуздун аты-жөндөрүн жазып жарыйалоо менен бирге “Кыргыз Көчү” коомдук фондунун жана мекенчилдердин “Кыргыз Көчү” тобунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз!.

ээ 67

1. Аида АХМАД ЖАМАЛ    —  5000 (беш миң сом) Абу-Даби шаарынан, БАЭ.
2. Гүлсана САРНОГОЕВА      2000 (эки миң сом) Фолино шаарынан, Италия.
3. Бактыгүл МАМАДАЛИЕВА   —   2000 (эки миң сом) Бишкек шаарынан, КР.
4. Венера РАСТТ      3100 (үч миң бир жүз сом) Голден, Вритиш Коломбия.
5. Жылдызай АТТОКУРОВА      1000 (миң рубль) Маскөө шаарынан, РФ.
6. Гүлжакан МАВЛАНОВА      1000 (миң сом) Бишкек шаарынан, КР.
7. Гүлчехра УУЧИЕВА     1000 (миң рубль)  Маскөө шаарынан, КР.
8. Чынара САРБАГЫШОВА   —   2000 (эки миң сом) Бишкек шаарынан, КР.
9. Нурайым ШАРШЕНБАЕВА   —   1250 (бир миң эки жүз элүү сом) Бишкектен, КР.
10. Нурзат МОКЕНОВНА   —   3000 (үч миң сом) Бишкек шаарынан, КР.
11. Бурмачач ТОМОЕВА   —  1460 (бир миң төрт жүз алтымыш сом) Миландан. Италия.
12. Асыран АЙДАРАЛИЕВ   —   6500 (алты миң беш жүз сом) Келсинкиден, Финляндия.
13. Тынарбек АБАМУСЛИМОВ   —   1000 (миң сом) Балыкчы шаарынан, КР.
14. Алмазбек АКМАТОВ   —   1000 (миң сом) Каракол шаарынан. КР.
15. Турсункан  ЖАНАЛИЕВА  —   1000 (миң сом) Ысык-Көл обулусу, Күрмөнтү айылы.
16. Калмамат ТУРДУБАЕВ   —   1000 (миң сом) Өзгөн району, Өзгөн шаарынан, КР.
17. Эмилбек КАПТАГАЕВ   —  10 000 (он миң сом) Каракол шаарынан. КР.
18. Мусакун САТЫБАЛДИЕВ   —  9 400 (тогуз миң төрт жүз сом) Каракол шаарынан. КР.
19. Жанна СААБАЕВА  —  27 500 (жыйырма жети миң беш жүз рубль) Маскөө шаарынан. Оруссия.

ээ 1

 *****************************************************************************************************************
Мындан тышкары жазуучунун ушул жылы жарык көргөн “Бөрү киши” аттуу романын жактырып, окурман катары өздөрү сатып алышып, кийинки китебинин чыгышына аздап болсо дагы кошумча каражаттын топтолушуна зор салым кошушкан, учурда Маскөө шаарында жашап жана эмгектенип жүрүшкөн мекендештерибиз Азамат ТӨКӨРОВГО, Гүлчехра УУЧИЕВАГА, Чынара ӨМҮРАЛИЕВАГА, Замира СЫДЫКОВАГА, Гүлзат ЗУЛПИДИНОВАГА, Микаэлла КУРМАНБАЕВАГА, Үпөл КЫЯЗОВАГА, Жам Иля Равзат КЕНЖЕКУЛОВАГА, Керимбек КАДЫРКУЛОВГО, Максим ВЕЛЛГЕ, Сайрагүл ЖОЛБОРСОВАГА, Кыргыз КЫРГЫЗГА, Турусбек ТУРГУНБАЕВГЕ, Чолпон МУСАЕВНАГА, Астана шаарында ишкерлик менен алектенип жүргөн азаматыбыз Замирбек БАЗАРБАЕВГЕ, Бишкек шаарынын тургундары Сайра БАТЫРКУЛОВАГА, Үмүт АБДРАИМОВАГА жана  ошондой эле китептерди сатуудагы болгон түйшүктү, ар кай жактан келген каражаттарды топтоо жоопкерчилигин толук мойундап иш алып барып жаткан топтун акими Улан КОШАЛИЕВГЕ  жалпы “Көчмөндөрдүн” атынан жарандык таазим жана терең ыраазычылык билдиребиз. Ар бириңиздерге албан-албан ийгилик, ден-соолук жана чыгармачылык бийик жетишкендиктерди каалайбыз!. Эсен-аман болуңуздар, Эл-журт Азаматтары!.

Бөрү киши.

******************************************************************************************************************

К О Ш У М Ч А   К А Р А Ж А Т Т А Р   Т У У Р А Л У У   К О Ш У М Ч А   М А А Л Ы М А Т Т А Р

Өткөн жылы Мусакун (Даанышман) абанын жогорудагы «Бейиттеги бозторгой» аттуу эссе-романын басмадан китеп кылып жарыкка чыгаруу максатында «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу демилге көтөрүп, демөөрчүлөр тарабынан каражат топтолуп баштагандан кийин ошол эле «Фейсбукта» Мусакун абага чакан унаа (майыптар үчүн атайын автомашина) сатып берели деген жакшы демилге көтөрүлүп, ал демилгелүү топ дагы болушунча каражат топтоп башташкан эле. Кийин автордун (Мусакун аба) макулдугу менен ал демилгелүү топтун атайын банкка топтогон каражаттары басмага толук дайар болуп калган китептин басылышына жумшалмай болуп, аталган каражат толугу менен басмаканага которулду. Буйуруп, жакын арада китеп басмадан чыгып, жарык көрүп калса, Мусакун абага автоунаа алып берүү демилгесин көтөргөн боордошторубуздун демин суутпай, болушунча колдоп, ал демилгенин дагы айагына чыгып, жигердүүлүк менен улантабыз деген аруу тилегибиз күчүндө. Төмөндө ошол автоунаага деп каражат чогулткан мекендештерибиздин  тизмеси толук берилди!.  Урматтуу Достор! Элжүрөк Демөөрчүлөр!
Китеп чыгаруу демилгесин көтөргөн мекенчилдердин «Кыргыз Көчү» коомдук фондунун жана жеке автордун өзүнүн атынан Сиздерге терең ыраазычылк билдиребиз! Арыбаңыздар!

1. Бурулкан КАРАГУЛОВА  —  20 000 (жыйырма миң сом) Бишкек шаарынан.
2. Жыпаргүл МОЛДАЛИЕВА   —  1 000 (миң сом) Каракол шаарынан.
3. Гүлсана САРНОГОЕВА   —  2 000 (эки миң сом) Фолино шаарынан, Италия.
4. Пери АБАЙ   —  1065 (бир миң алтымыш беш сом) Маскөө шаарынан.
5. Мырза ДОБУТОВ   —  515 (беш жүз он беш рубль) Маскөө шаарынан.
6. Ташбү КАРАЗАКОВА   —  670 (алты жүз жетимиш сом) Маскөө шаарынан.
7. Гүлжамал ИСКАНДАРОВА  —  1080 (бир миң сексен сом) Маскөө шаарынан.
8. Жылдыз КАМЧЫБЕКОВА   —  500 (беш жүз сом) Сибирден, Оруссия.
9. Аты-жөнү жазылбаган   —  1500 (бир миң беш жүз сом) Белгисиз демөөрчү.
10. Айжамал АБАЗОВА   —  500 (беш жүз сом) Бишкек шаарынан.
11. Эгемберди ЭРМАТОВ   —   1 000 (миң сом) Бишкек шаарынан.
12. Мелис АЙДАРКУЛОВ   —   500 (беш жүз сом) Бишкек шаарынан.

Жалпы суммасы: 30 330 (отуз миң үч жүз отуз сом).

******************************************************************************************************************
Китептин басылып чыгышына деп колунан келген жардамдарын айабаган Маскөө
шаарында жашап жана эмгектенип жүрүшкөн ак жүрөк демөөрчүлөр, алтындай
мекендештерибиздин тизмеси:

1. ЖУМАДЫЛОВ Болот Кубатбекович.    –    1000 рубль.
2. ЖУМАДЫЛОВ Самат Кубатбекович.    –    1000 рубль.
3. САБАЕВА Жамал Турдакуновна.              –     1000 рубль.
4. ОПУЗБЕКОВА Гулназ.                                      500 рубль.  
5. ОСМОНБЕКОВА Зулайка                            –     500 рубль.
6. УМЕТАЛИЕВА Анара                                    –     500 рубль.
7. Атын атабоону өтүнгөн жигит.
“Москва кайрыктарынын” мүчөсү.                  5000 (Беш миң рубль)
8. Айымкан КУЛУКЕЕВА                                       1000 рубль.
9. Назура ЖАЙЧИЕВА                                            500 рубль.
10. Эльзат БЕЙШЕБАЕВА                              –      500 рубль.
11. Адашкан ПИРМАТОВ                                        1000 рубль.
12. КАЛЫБЕКОВА Саадат                                    1000 рубль.
13. Багыт БАПАНОВ                                             3000 рубль.
14. Гүлжан ЖАНТӨРӨЕВА                               –      1000 рубль.
15. Талант ЖАКШЫБЕКОВ                                    500 рубль.
16. БАТЫРКАНОВА Таалай                                     500 рубль.
17. БЕЙШЕБАЕВ Нурлан                                  –       500 рубль.
18. КАМАЛОВА Айсулуу                                          500 рубль.
19. Гулсия АШИРАЛИЕВА                                       1000 рубль.
20. Чопа КАСЫМОВА                                              500 рубль
21. Зайтуна ФАТХЫЛБАРЕЕВНА                          1000 рубль,
22. Бегайым ШУРУБЕКОВА                            –       1000 рубль
23. МАМБЕТОВА Букен                                           1000 рубль.
24. АНАРБЕКОВА Сабийра                              –       1000 рубль
25. НАСЫРОВА Самара                                           1000 рубль.
26. ИСАЕВА Асель                                              –       500 рубль.      

Жалпы суммасы:  27 500  (Жыйырма жети миң беш жүз) рубль.

******************************************************************************************************************

6***********************************************************


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-спикери
Асылбек Шарипович ЖЭЭНБЕКОВ “Бейиттеги бозторгойдун” басылышына 50 000 (Элүү миң сом) бөлүп берип, роман-эссенин
жарык көрүшүнө оңбогондой чоң салымын
кошуп берип кетти!.


Терең ыраазычылык билдиребиз!.


******************************************************************************************************************
Док. 1

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы
Асылбек ШАРИПОВИЧТИН
наамына жазган расмий
катыбызды
(Мусакун абанын өтүнүч каты)
жан дили
менен кабыл алып, спикерге
жагдайды түшүндүрүп,
тынымсыз
аракети менен 50 000 миң сомду
бөлдүрүп
берүүгө атан төөдөй эмгек
эткен Жогорку Кеңештин
аппарат
башчысы Алмаз КОЖОМБЕРДИЕВ
мырзага дагы
жарандык таазимибиз менен
терең ыраазычылык билдиребиз!

******************************************************************************************************************

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Мекенчилдердин «Кыргыз Көчү» тобунун негиздөөчүсү,
эркин журналист. Келсинки шаары, Финляндия. 2015-жыл, сентябрь.

Oct 12

Сыр..

******************************************************************************************************************

******************************************************************************************************************
Тил 8
Кыргыздын таланттуу кыздарынын бири, жаш акын Лира КАМЧЫБЕКОВА 1983-жылдын 14-январында Жалал-Абад обулусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1999-жылы Кызыл-Жар айылында Н. И. Мешков атындагы орто мектепти ийгиликтүү айактап, 2005-жылы Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Кийим Дизайны жана Сервис факультетин бүтүргөн. Азыркы күндө өзүнүн сүйгөн кесиби менен эмгектенүүдө. Андан тышкары чыгармачылык менен да тынбай алектенип, ырлары көптөгөн мезгүлдүү басма сөз беттерине байма-бай жарыйаланып келет. Азыркы тапта Алматы шаарында жашап жана үзүрлүү эмгектенип жүрөт.

******************************************************************************************************************

КекиС Ы Р

Ак шооласы даарып лира пиринин,
Алты сөздү курап, ийик ийриймин…
Акын дешет, мени чала билгендер,
Акын эмес, мен жөн гана…
Арзууларын ырга кошкон,
Ашыктардын биримин!..

Апам, атам жагып талант билигин,
Ашык ырын жазып элге билиндим…
Акын дешет, мени чала билгендер,
Акын эмес, мен жөн гана…
Ашыгынан арзуу күткөн,
Армандуунун биримин!..

******************************************************************************************************************

А Т А – Ж У Р Т

Токтотпой тирүүлүктө өмүр улап,
Жашоого тоодой кубат берип турат.
Алыстан мен ашыгып келгенимде,
Тоолор тосот сагынып жайып кулач.

Түнөп алып түбөлүк карегиме,
Кайда барсам дем берип калемиме.
Өгөйлөнүп бөтөн эл агымында,
Көнбөсүм чын, жат жердин дарегине.

Тагдыр ташын талашып мезгил куштун,
Тоолоруна теңелип келет учкум.
Ата Журттун боз чаңын бөлөк жерден,
Сыймыктанып келип тур бийик туткум.

Баркын сезем жашоонун келип сага,
Жемиш тургай, кум-ташың бейиш мага.
Сен ыйыксың, Ата Журт, сен улуксуң,
Сенин бейпил турмушуң жеңиш мага!.

*************************************************************************************************************

фото 01А Й Ы Л Ы М

Айлансам аздык кылаар келбетиңден,
Ааламга койнуңдан кол сермедим мен.
Айылым – куттуу жерим, алтын уям,
Арча жыт бешигиңде термелдим мен.

Суктанып ай-жылдызды самап көктөн,
Секелек, тентек кезим сенде өткөн.
Сылатып саамайымды салкын желге,
Суулардын шылдыр үнүн тыңшап өскөм.

Көркүңө ким бар дейсиң тартылбаган,
Купуя сырларың көп айтылбаган.
Кереметти сендеги ырга кошуп,
Кезинде Жеңижок да бүтө албаган…

Кас туруп, эң алгачкы таштап кадам,
Кеңдикти, тазалыкты сенден алгам.
Качандыр, шүүдүрүмдөй тамчы болсом,
Кошулдум дайраңа эми шарпылдаган!..

Айлансам аздык кылаар келбетиңден,
Ааламга койнуңдан кол сермедим мен.
Айылым – куттуу жерим, алтын уям,
Арча жыт бешигиңде термелдим мен.

Аксынын куттуу жери – алтын уям,
Аксынын бешигинде терметилгем!..

******************************************************************************************************************

Т У Р М У Ш   С Е Н…

Эх, Турмуш!.. миң сыры бар сенин жолуң –
Бирин тапсам, биринин таппайм жообун…
Энчилеп, өзүң арткан түйшүгүңдү
Көтөрө албай талыгансыйт бир аз жонум…

Эх, турмуш! Неге кызык сенин жолуң?
Салмактуу да, кээде болот жеңил оюң.
Үстүмө бир тар көйнөк кийген өңдүү,
Арзууларга жете албай кыска колум.

Татымың бирде ачуу, бирде балдай,
Келемин өткөнүмө канааттанбай…
Эх, турмуш! Кээде сенин адатың бар,
Өзгөнүн да ызасын менден алмай…

Туманың бар, кееде кайра сөгүлөсүң,
Бакыт болуп, кандай жанга төгүлөсүң?..
Бирде дос, бирде душман сыяктанып,
Ай, турмуш ай, эки жүздүү көрүнөсүң…

*****************************************************************************************************************

фото 01С Ү Й Ө М   С И З Д И !..

«Сүйөм сизди!..
Сүйөмүн»,- деп кат жазып,
Сергийт көңүл, бир аз гана жай алып.
Андан нары кадаламын сөз таппай,
Арасында тамгалардын чайналып…

«Сүйөм сизди!..
Сүйөмүн»,- деп айтпасам,
Санаркаткан дартыма эм таппасам,
Жан дүйнөмө сыйбай кетем, кантейин,
Жүрөгүмдүн дүрсүлдөрүн баспасам…

Арбап мени сүрөтүңүз ар убак,
Аалам баткан көздөрүңүз табышмак…
«Сүйөмүн!» –  деп келет күндө кат жазгым,
Сөз берметин, терип сизе багыштап…

Ырга шылтап, мүмкүн даалай кат жазам?.
Өзүңүзгө тагдырымды табыштап…
Аттиң, бирок, эртеңибиз табышмак…

***************************************************************************************************************

фото 01К Е Л И П   К Е Т

Бирине бири эгиздей окшоп күндөрүм,
Билинбей азыр, бар-жокто турган дүйнөмүн…
Жаркытып көңүл, абалым сурап келип кет,
Жан дүйнөм ооруп, жалгыздык деген үйдөмүн…

Тарылып дүйнөм, унутам балким күн өтсө,
Таарынып качып, кусадар кылып жүдөтпө.
Турмушту бирөө, башкарып алып кетпесин,
Тагдырды буруп, жол салып алып жүрөккө…

Карааның издеп, кыялдар менен узап түн,
Кайрылбас жаштык, күндөрүн жалгыз узаттым…
Кусалык эзип, айрылдык түшкөн жолдорго,
Көзүмдүн жашын, көрсөтпөй далай кулаттым.

Жасалма белең, жаралап кеттиң неликтен?..
Жаш алып карек, жоопту күтөт кечиккен…
Жазыгым болсо, ачык айт… анан бир жолу,
Жолдорду бөлүп, үмүттүн жибин кесип кет…

Бирине бири эгиздей окшоп күндөрүм,
Билинбей азыр, бар-жокто турган дүйнөмүн…
Жарыгың чачып, абалым сурап келип кет,
Жан дүйнөм ооруп, жалгыздык деген уйдөмүн…

******************************************************************************************************************

С Ү Й Л Ө Ч Ү,  С Ү Й Л Ө..

Сүйлөчү, сүйлө…
Турбачы карап жалдырап.
Тунарып карек, ызалуу көздөн жаш чыгат…
Ээнсиреп аралда жалгыз калган сыяктуу,
Эзгилеп санаа, сезимдер үнсүз жанчылат…

Сүйлөчү, сүйлө…
Айласыз чөгүп, дүйнөм тар.
Айтылбай көп сөз, көңүлдө чоң боштук бар.
Кусалык жеңип, ашыгын күткөн жүрөктү,
Капалык менен калмакпы ээлеп боштуктар?..

Сүйлөчү, сүйлө…
Сүйүүдөн үмүт үзүлбөйт.
Жалының чаччы, аптаптуу жерге күз түшпөйт.
Жаштыкка салып, мен күткөн менен өзүңдү,
Жайырак агып, мезгилдер бизди күтүшпөйт…

Жарашып кайра алсын деп,
Күндөр да бизди күтүшпөйт.
Сүйлөчү, сүйлө…

айал*************************************************************


М Е Н  –  А Я Л

Мен кээде мерез болуп алгансыймын…
Муз кабак, катуу болуп калгансыймын…
Бир туруп, шайыр, шаттуу жан элемин,
А кээде көктүгүмө салгансыймын…

Жаш жанды кээде чарчоо чалгансыймын…
Жарп жазбай, оюн-зоокту чангансыймын…
Бир туруп, сабыр менен баарын жеңип,
А кээде өзүмдү өзүм тангансыймын…

Мен – аял… бирде күлсөм, кайра жашыйм…
Мен – алсыз… кайраттансам кайра ташыйм…
Мен – деңиз, асман тыптынч мелтиреген,
А кээде албууттанган дайра, ташкын…

*************************************************************


А Г А Т А Й

Санаа жок жүргөн кезде козгоп сезим,
Түшүмө неликтен кирип келдиң?..
Кыялымда ашык болгон агатайым,
Өмүрүмдүн азыгы болдуң менин…

Алгач ирет укканда үнүңүздү,
Жүрөк сокпой калды бейм, сүрүңүзбү?..
Көнүп кетер жүрөгүм үнүңүзгө,
Көңүлүмдү оорутпай жүрүңүзчү?..

Көрүнбөй бир кемчилик жактарыңыз,
Билинбей көп белести ашканыңыз…
Агатай, өзүңүзгө тартып барат,
Ашык кылып, акбуурул чачтарыңыз…

Таш элем, сиз кантип “алдадыңыз”?..
(Ансыз да арбын эле арманыбыз),
Тынч жаткан дүйнөмө бүлүк салып,
Агатайым, сиз мени арбадыңыз !..

Тил 7*************************************************
Л И Р А

Сагыныч тытып жесе көкүрөктү,
Сезимдер жакынсынат сары түстү…
Сеңселтип саамайымды шамалына,
Сен жокто жалгыз тостум ушул күздү.

Көөдөнгө сыйбай турат буулукканым,
Кантейин, көңүл улап, муңду укпадың…
Кайдадыр кетким келет ээрчип алып,
Карарган күздүн ушул булуттарын.

Күлсө да күндүн табы билинбеген,
Күү салып жалбырактар дирилдеген…
Жазылбай көкүрөктө жатат ырлар
Жап-жаңы көйнөк сымал кийилбеген.

Туйгандай муңдуу ырды жүрөктөгү:
Токтобой асман дагы шолоктоду…
Түнөргөн жашын төгүп ушул күздөн,
Тагдырым айырмасы жок окшоду…

*************************************************

А Я Д Ы М

Унчукпайсың… Мен да сага унчукпайм,
Удургуган ойго батып, тумчукпайм…
Кош бол жаным, кыялдарым кош болгун,
Күдөр үзүп, ушул түнү тынч уктайм…

Күтүп сени чыйрыкканда сезимим,
Коё албадың жан дүйнөмдү жылуулап…
Жүрөгүңдүн тоң экенин кеч билдим,
Жаным, сенден сырттагы кыш жылуурак…

Ал күндөрдөн улам узап кадамым,
Азаптарын көкүрөккө камадым…
Кыш күнүндө жалгыз калып үшүгөн,
Кечээ өзүмдү, бүгүн сени аядым…

*****************************************************************************************************************

фото 01Т Ү Ш 

Көөнүмдү эзген сагынчты чыгарып,
Көңүлүмө мүрөк сээп суугарып.
Жаздын түнү сен жөнүндө түш көрдүм,
Жолуга албай жүргөнүмдө жукарып…

Ай жарыгы жуурулушуп түн менен,
А, сен жаным түндө күйгөн күн белең?..
Ай жылдызды, а сен мени кучактап,
Айланабыз турду оролуп гүл менен…

Сенин денең жаралгандай өрт менен,
Түшүмдө да жалыныңа өрттөнөм.
Кучагыңдын алоосуна чыдабай,
Күйсө мейли, күйүп кетсин бүт денем…

Өзүңө мен белек кылып күтпөгөн,
Өмүр бою ырлар жазам бүтпөгөн.
Карегиме сүртүп алып сүрөтүң,
Эртең дагы сен жөнүндө түш көрөм!..

*****************************************************************************************************************

фото 01МАХАБАТ МЕНЕН КОШТОШУУ

Балаңды таштап, сен бизден качтың,
Башканы тандап, эшигин ачтың…
Билесиң, менин асылым элең,
Башкага кеттиң, багыңды ачсын…

Кызганам, бирок, акым жок, билем…
Кыя албай ичтен эзилип, кирдейм…
Көкүлүм сылап, койорсуң аяп,
Капыстан бир күн түшүңө кирсем…

Жолуңду бууган азгырык белем,
Жарыңдан сенин талашып нетем?..
Жүрөгүм сени турса да каалап,
Жабыкмын сага сепилдей бекем…

Деңиздей эле сезимим терең,
Дилимде менин шумкарым элең…
Тагдырга нетем акаарат кылып,
Таалайың тапкын жаш жарың менен.

Кудайга сени аманат кылып,
Коштоштум биздин махабат менен!..

******************************************************************************************************************

Ч О К !..

Муздак элем, шаан-шөөкөт жакпаган,
Көөдөнүмдү боз булуттар каптаган.
Алаканга сала коюп бир ууч чок,
азабымды колго берди бир адам,

Пайда болду чыга келип капкайдан…
Чыдай албай кызыл чоктун табына,
Коюнума ката койдум шашыла…
Ошол замат ыссык чоктун жалыны,

Өтүп кетти жүрөгүмө, каныма,
Чачкан сымал жан дуйнөмө чачыла…
Күйдү денем, алоолонуп от болуп…
Ашык болдум, калган кезде токтолуп,

Чокко кактап, отко орой салыптыр,
Эстен танып, баратамын жок болуп…
Учкундары чар-тарапка чачырап,
Суз күндөрдү менден алыс качырат.

Жан дүйнөмө жарык чачып ошол чок,
Жүрөгүмө ак сүйүүнү чакырат…

******************************************************************************************************************

Oct 11

Буурул түн..

*************************************************************************************************************
ТАҢ ШООКУМУ

Топтой желим жер шардын түндүгүнө,
Томолонуп, адашып келген кыргыз.
Тоолук кыйал, мүнөзү түк өзгөрбөй,
Токой-черин аралап «желген» кыргыз..

Булуң-бурчун кыдырып буурул түндө,
Бозат кылып кайыгын «минген» кыргыз.
Бук, санаасын тыйалбай булут, булут,
Булбул элин сагынган «инген» кыргыз..

Буура, буура өркөчтөй сур булуттар,
Буурул түндө буулугуп жүргөн кыргыз.
Булбул куштай бурганак, жан дүйнөсү,
Булгап колун бир ыйлап, күлгөн кыргыз.

Ай чапчыган Ала-Тоосу алыс, алыс,
Ала булут, асман көк, чолпон жылдыз.
Түмөн ойго чөмүлүп, түркүн, түркүн,
Түндүр, күндүр буулугуп, түтөйт кыргыз.

Шоола чачып түнүндө, шоокум, шоокум,
Шолок, шолок эчкирип ыйлайт кыргыз.
Шоокум сепкен өлкөнүн керемети,

жыйнайт кыргыз!
Түнү да, күнү бөлөк бул өлкөнүн,
Булуттар буурул түнгө келгилечи,
Бук кылбай колуңарды бергилечи.
Буулугуп, Ата-Журтум көздөн учат,
А силер учак болуп бергилечи.
Булуттар буурул түнгө келгилечи,

Булбул үнү алыстан мукам чыгып
Бул менин булуттарга айткым келип,
Буурул түндү жамынган кусалыгым.

2

ээ 17

 

22

 

Oct 11

Галерея..

*****************************************************************************************************************
ЭЛ СЫЙМЫГЫ..

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин!»
Аалы ТОКОМБАЕВ (Балка)

Кезекте кыргыздын даңктуу уулу, дүйнөнү дүңгүрөткөн балбаны, грек-рим күрөшү бойунча КР нын 10-жолку чемпиону, «А» класстагы жогорку категориялуу «Гран При» эл аралык турнирлердин 12-жолку жеңүүчүсү, 1999-жылдагы Афинада болуп өткөн дүйнөлүк чемпионатта коло медалдын, 1994-1998-жылдардагы Азия ойундарынын эки жолку күмүш медалынын жана көптөгөн байгелерди тынбай багындырып келген баатыр жигити Раатбек САНАТБАЕВдин бейнесине белгилүү-белгисиз сүртүмдөрдөн эскерүү катары калтыра берсеңиздер болот..1

559743_494063997359054_741845949_nГүлжакан МАВЛАНОВА. Кандай аял тууду экен, Раатбектей уулду дегендей эле күйдүрүп кетти го бул кыргызымдын эр азаматы дагы. Кыргыз эмес башка улуттун өкүлү келип “колуңардагы баалуу кымбат нерсеңерди барктай албайт экенсиңер” деп жоктоп ыйлаганда жанына адам туралбайт эле ошондо. Раатбектин эки уулу менин кызым менен окуп калды. Ар дайым ата-энелер чогулушунда узун бойлуу, жөнөкөй жигит кирип келип арткы орунга олтуруп калаар эле. Бир күнү баласы Даулеттен эжейи жадыбалды “үч жерде үч канча болот?” деп сурап жатпайбы. Анда Даулет, “алты” деп жооп берди. Эжейи тууралап, “чоокууң, тогуз болот, кайтала” дейт.. Даулет камаарабай туруп “чоокууң, тогуз болот” деген. Ошол тили балдай ширин балдар бир канкордун азабынан атасыз жетим калды…

РайкүлРайкүл АЙДАРАЛИЕВА. 2005-жылы Камчыбек Жолдошбаев куда менен кымыз ичкенге Ат-Башыга жайлоого бирге барган экен. Апам-атамдар кой союп, коноктошуп, аркы беркини сүйлөшүп көпкө отурушканын айтып калышат. Кетип жатканда аябай ыраазычылыгын билдирип, “кийин да сөзсүз келип кымыз ичип кетем” дептир. “Ыймандуу, абдан адамкерчиликтүү бала экен, келиндеримден төрөсө неберемдин атын Раатбек коем” – деп ойлоп койчуумун деп калчуу. Айтканындай эле бир инимдин келинчеги уул төрөп, апам анын атын Раатбек деп койгон. Апам өзү деле билбептир, Раатбек Санатбаев деген ким экенин, тек гана жакшы сапаттарына ыраазы болуп, атын койгом дейт. Буйурса Раатбек эмдиги жылы 1- класска барат..

*****************************************************************************************************************
«ЭЛ СЫЙМЫГЫ»

Үсөн КУДАЙБЕРГЕНОВ «Гиннес» китебине кирген биринчи кыргыз. Ал учурунда 27 метр бийиктиктеги аскадан ат менен кошо cууга секирип, эр жүрөктүүлүгү менен бүтүн дүйнө элин таң калтырып, атагы таш жарган чыгаан каскадер болчу. Эң негизгиси айкөл, улуу-кичүүнү бирдей сыйлай билген адамкерчиликтүү жана өз элинин чыныгы мекенчил атуулу эле. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштө тартип коргоочулар чилдей тарап, эмне кылаарын билбей алдастап, алапайларын таппай калган маалда эр жүрөк Үсөн арыдан бери «Элдик кошуун» түзүп, башаламандыкты токтотууга зор салымын кошкон. Көптөгөн банктарды жана башка стратегиялык объектилерди талап-тоноодон сактап калган. Үсөндүн бул эмгеги тарыхта калды. Ошол 2005-жылдын 10-апрелинде канкор, мыкаачылар Үсөндү өз үйүнө келип ит аткандай атып кетишкен. Кайсы канкорлор, эмне себептен атып кеткендиги ушул кезге чейин табышмак..

Тап 1

Дайардаган Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия.

Oct 01

Шайлоо – 2015..

******************************************************************************************************************
Тил 6Т У Р  —  К Ы Р Г Ы З Ы М !.

Үшкүрүнүп, бышкырык,
Ызы-чуулуу, ышкырык,
Жар-жар салган үн келди.
Шаар-айылы тик туруп,
Шайлай турган күн келди.
Өктөбүрдүн үчү-төртү,
Өзгөрүүгө, ойлонууга,
Өзгөчө бир «түн» берди!
Тургун Кыргыз, көзүңдү ач!
Тарых, тандоо, чын келди!.

Беш жыл, беш жыл бир эле,
Берилеп келээр ырысың.
«Честныйлыкты» көрсөтүп,
Чертип, түздөп, тазалап,
Чеке, баштын бырышын.
Улут үчүн күйөм десең,
Урпактардын ырыскысын,
Уурдатпоого тырышың,
Уурдап жатса урушуң..
Ыйлап турса ыйык жерим..
Ыр жазганым курусун!.Тил 2

Кылымдарды карыткан,
Кыргыз, элең, кыргызсың.
Азсың, бирок көктөгү,
Алоолонгон жылдызсың.
Далай жылдар кыйнап туру,
«Дабаасы» кор турмуштун.
Бөлүнгөндү бөрү жейт,
Бөлүнбөгүн кыргызсың,
Босогодо төртү турат,
Боло көргүн бир муштум!.

Тагдырыңды тандоо үчүн,
Тургун өйдө, тумчукпай,
Турмушуңду кордоп жатса,
Турасыңбы унчукпай?.
Ынтымакты «курут» кылса.
Ыйманыбыз улуп турса,
Жок болобуз, үн чыкпай.
Манас Шердин урпагысың,
Март болгунуң, курушпай,
Туур-конушуң ээлеп кетет,
Турчу Боорум, бырышпай!.
Тургун Кыргыз, тырышпай!.

Алданганың, сатылганың,
Арам тамак, курусун.
Анда шордуу кыргызым,
Алардын сен кулусуң.
Ууру, кески ушинтип,
Талайт, тонойт улутун.
Чакырыгым бир боорум!
Жем болбогун жалганга,
Жемкорлорго жалданба,
Жашырып-жаап чындыкты,
Калпты сүйлөп карганба.
Тур Кыргызым, күн келди!
Тургун Кыргыз, алданба!.

Жылаандары жык толгон,
Соймолоңдойт «тымызын»,
Ууга айлантты, соолутуп,
Кыргызымдын «кымызын».
Жамбаштаба кыргызым!
Жаксын кимге жагынып,
Жалпалактап турушуң.
Келсин жалаң жаңы жүздөр,
«Доңуз», «чөөлөр» курусун!
Доорубуз бир оңолсун,
Долу, чырлар жоголсун!
Ойгон, ойгон, ойгон бүгүн,
Ойлон Элдин ырысын.
Ойгон дагы ойлонгунуң!
Оор жашооңун оң тарапка,
Обдулушун, жылышын!
Туу тутканым, турпагым,
Тургун Кыргыз, тур эми!
Туулгандан жылыбаган,
Тумшугуң бир жылысын!.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия, Келсинки шаары. 30.09.2015.