Бейне..

Саадат
Э Л   Б И Л Б Е Г Е Н   «Э Л   А Р Т И С Т И»

КӨГӨЕВА Сапина Ажыкеевна
1960 – жылы 10 – январда Жумгал районунун Жумгал айылында төрөлгөн. 1967 – жылы мектепке кирип, 1977 – жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы уюшулган Жумгал элдик «Бек-Бекей» ыр – бий ансамблине кирген. 1979 – 1981 – жылы Филармониянын 2 жылдык студиясын бүтүргөн. 1981 – жылдан баштап Нарын музыкалуу драма театрына ишке орношуп, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келүүдө.  КРнын Президентинин “Ардак Грамотасынын” , Кыргыз Республикасынын Билим, илим министирлигинин, КРнын Маданият жана маалымат министирлигинин “Ардак Грамотасынын” ээси. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу”.

Саадат 41980 – жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрына артист болуп кирген Сапина Көгөева окуучулук кездерден баштап эле Чаек элдик театры менен тыгыз байланышта болгон. Ал ошол театрдын ыр – бий ансамбли менен Россиянын чоң – чоң шаарларын, Польша, Эстония, Прибальтиканы кыдырып чыккан. Көптөгөн Облустук жана Республикалык Фестивалдарга, конкурсстарга катышып, Дипломдор менен сыйланып, Лауреат болгон.

Бул жылдары Нарын театры өсүштүн үстүндө эле. Жаш артистка Нарын театрынын гүлдөп турган учуруна туш келди десек да болот. Ал театрга келгенде СССРдин эл артисти Капар Медетбеков, Эл артисттер Бакирдин Алиев, Жумамүдүн Шералиев, Тамара Жумакаева, Сагыйпа Чечейбаеваларга окшогон кыргыз элине тааныма артисттер эмгектенип жатышкан эле. Театр босогосун аттагандан ушундай чоң артисттерден үлгү алган Сапина Көгөева театрга бат эле аралашып, алдыңкы артисттерден болуп чыга келди. Анын жараткан ар бир образдары көрүүчүлөрдү өзүнө тартып, таң берчү. Жаштыгына карабай жаш актриса бир топ ийгиликтерге жетишти.

Саадат 3Жаштарга суусап турган театр Сапинаны кучак жайып тосуп алды десек да болот. Анын жараткан образдары элдин калың катмарына сиңип жаткандай болду. Ар бир жараткан образдары көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толуп, зал тооло көрүүчүлөр, – Бул спектакль эртең да болобу? Сапина Көгөева ойнойбу? – деп сураган учурлар көп болду. Бул актриса үчүн чоң ийгилик эле. Сапина Көгөева коллектив арасында мыкты ырчы гана эмес, драмалык да, трагедиялык да, ал тургай комедия жаатын да катырган көп кырдуу, амплуасы кенен актриса экенин көрсөтө алды. Анын бири бирине окшошпогон образдарды жаратуусу улууларды чыны таң калтырды.

Актрисанын сахнадагы ажары, жаштыгы Нарын театрынын көркүн ачты десек да болот. Сапина чынында эле Нарын театрынын сахнасын биринчи аттаган кездерде адамды өзүнө суктанткан ажарлуу кыз болчу. Ошол ажары мына ушул кезге дейре сакталып, көргөн элди гана эмес, бирге эмгектенгендерди да суктантып келет. Мындай табигый ажар актрисанын сахнадагы биринчи куралы десек да болчуудай. Анткени сахна ар убак жаштыкты, сулуулукту, сыйкырдуулукту сүйөт! Сахна кереметине актрисанын тубаса керемет көркү, келбети кошулганда не бир образдарды ачууга болот.

Тоолуу Нарын театры Республикабыздагы башка театрларга салыштырмалуу 9 айлап гастролдордо жүрүшөөрү бу күндө жаңылык болбой калды. Буга сырттагылар корксо, Нарын театры үчүн күндөлүк тириликтей. Сапина ошол 9 айлык гастролдорду 37 – жылдан бери кабагым кашым дебей, ыссыгына күйүп, суугуна тоңуп, башынан кечирип келет. Үй бетин көрбөй балдарын белине түйүп, бүтүн өмүрүн, жаштыгын, күчүн театрга арнаган инсандардын сабында Сапина Көгөева да бар. Төрт баласын гастролоп жүрүп өстүрдү. Алар да артисттердин ролун аткарып, керектүү учурда сахнага чыгышаар эле. Мына артисттин накта жашосу! Мына театр!

Саадат 1Кыргыз драматургдарынын чыгармаларынан баштап, орус, чет элдик классиктердин чыгармаларына суугарылган Сапина тез эле Нарын театрынын Прима актрисасы болуп чыга келди. Чыгармачылык өмүрүндө актриса 70 тен ашуун образдарды жараткан. Жараткан образдары бири-бирине окшошпогону, өзгөчө оригиналдуулугу менен теңтуштарынан, кесиптештеринен бир топ айырмаланган актриса ар бир жасаган ишинде улам бир жаңыланууларды жаратып келген. Актрисанын ойногон ролдорунан мисал келтире кетейин:

Табылды Актанов “Күч күйөө” – Алмушка,
Насирдин Байтемиров “Токтогул” – Торко сулуу,
Жеңишкүл Өзүбекова “Кыял” – Алча,
Токтоболот Абдымомунов “Борбаштын досу камгакбай” – кыз,
Б. Мукаев “Эңсеген түн” – Баян Сулуу,
Назим Хикмет “Махаббат баяны – Мехмене Бану,
Ш. Шаршеев “Алиман эненин жомогу” – Акчүкө,
Э. Сатаров “Уурдалган өмүр” – Сулуу,
Т. Исмаилов “Тергөөгө чейин” – Гүлсүн,
Табылды Актанов “Эр Табылды” – Торко сулуу,
К. Мамбетакунов “Боз бойдок” – Карлыгач,
Бакирдин Алиев “Адам азыткысы” – Жамал,
М. Найманбаев “Бугу эне” – Бугу эне,
Жалил Садыков “Адам азезел” – Бузуку аял,
Султан Раев “Күн кармаган бала” – Чычкан,
Уилям Шекспир “” Отелло – Эмилия,
Мырзабек Тойбаев “Сыйкырчы кыз” – Сыйкырчы кыз,
Табылды Актанов “Реквием” – Бузуку аял,
К. Зарлыкова “Сибир челноктору” – Эне, Соодагер аял,
Софокль “Эдип Цар” – Иокаста,
Фигерейдо “Эзоп” – Мелита,
В. Дельмар “Жашоо деген көп чекит” – Анита,
Б. Өмүралиев “Жаңырык” – Дүлөй кемпир,
Чыңгыз Айтматов “Ак – Кеме” – Аксак кемпир,
Э. Токтомушева “Айыл таңы” – врач,
Каныбек Иманалиев “Курманжан Датка” – Касиет,
А. Кускаков “Доор аяны” – Хинд,
Жалил Садыков “Мен арызданам” – Арызчы аял,
Чынара Калыбекова “Онтоосу көп, “Общий дом” – Акыйкат, ж. б. д. у. с.

Саадат 2Кыргыз эли Сапина (Саадат) Көгөевадай таланттуу кызы менен ар убак сыймыктанып келет. Дарак бир жерден көгөрөт демекчи, 37 жылдан бери бир театрда эмгектенип келе жаткан актриса Сапина Көгөева учурда Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” (2014-жылдын 29-августундагы № 2/11 токтому) жана бир катар сыйлыктардын татыктуу ээси. Сапина Көгөева театр менен гана чектелип калбастан, театрдын коомдук иштеринде, Нарын шаарынын жана облустук ар кандай мааракелерин өткөрүүдө талыкпастан көп колдоо көрсөтүп жүрөт.

Өз учурунда Залкарлар менен 9 айлап гастролдогон эмгектери акыры келип актрисаны элге таанытып олтурганы, талыкпаган эмгектин маңызы эмей эмне. Эмгек өз сыйын бербей койбойт. Буюрса таланттуу актрисага Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү “Эмгек сиңирген артисти”, “Эл артисти” деген сыйлыктар да алыс эмес. Элдин сыйы баарынан бийик!!!

Эр эмгегин жер жебейт! Ар бир таланттан из калуу керек. Саадат Көгөева талыкпаган ак эмгеги менен из салып келе жаткан инсандардан. Мындай таланттар ар убак жогорку сыйлыктарга татыктуу.

Чынара КАЛЫБЕКОВА.
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
актриса, акын – драматург.

One thought on “Бейне..

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *