Маанилүү жыйын..


ЗАМАНЫБЫЗДЫН ЗАМАНБАП «ЗАМАНДАШТАРЫ»

Саламатсыздарбы «Кыргыз Көчү» тобунун мүчөлөрү?
Аз мурун, август айынын 17-18-күндөрү «Замандаш» ассоциациясы уюштурган «Чет өлкөдө жашап жаткан мекендештердин Ысык-Көлдөгү баарлашуусу» деп аталган иш-чарасы болуп өткөндүгү тууралуу кээ бириңиздер кабардар болсоңуздар керек.. Мен “Көчмөндөрдүн” атынан ошол жолугушууга атайын барып катышып келдим, бирок бир аз сыркоолоп калып, бул жыйын тууралуу пикиримди кеч билдирип отурам, ал үчүн сиздерден кечирим сурайм…
ээ 21 б«Замандаш» ассоциациясы «Замандаш» аталып пайда болгондон бери 13 жыл катары менен чет өлкөдө эмгектенип жүргөн биздин мекендештердин башын бириктирип, Ысык-Көлдүн жээгине топтоп, алардын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин, үнүн угуп, мекендештерибиздин чечилбеген суроолорун чечип берүүгө далаалатанып, өздөрү чече албаган орчундуу маселелерди жогорку инстанцияларга жеткирүүчү көпүрөнүн ролун өз мойнуна алып келе жатыптыр. Бу жолку жыйынга 100 дөй кыргыз жарандары, чет өлкөлөрдөгү диаспора жетекчилери, бирикме, коомдордун өкүлдөрү РФ, Казахстан, Түркия, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнөн, чет жердеги мигранттардын суроолору менен алектенген уюмдардын өкүлдөрү жана ассоциация менен тыгыз кызматташып жүргөн уюм мүчөлөрү келип катышышты. Мурунку жыйындар кандай форматта өткөнү тууралуу анчалык терең кабардар эмесмин, ошондуктан мен өзүм катышып, күбө болгон эркин баарлашуу форматында өткөн жыйын туурасында гана баяндап берейин.

Биринчи күнү эртең менен чакырылган өкүлдөр белгиленген жайга топтолуп, Тамчы айылында жайгашкан «Бельканто» аталган пансионатты көздөй сапар тарттык. Пансионатка келип жайгашып, тамактанып, жыйынга катышуучулар каттоодон өткөн соң, саат 14:30 да Кыргыз Республикасынын гимнинин коштоосунда жыйындын расмий ачылышы жарыяланды.

Алгачкы сөз «Замандаш» ассоциациясынын төрагасы К. Бусурманкуловго берилип, ал киши куттуктоо сөзүн айтты. Андан кийин жыйындын модератору Азамат Айтбай ассоциациянын жасап жаткан иштери, биздин атуулдардын демилгеси менен чет өлкөлөрдө түзүлүп, пайда болгон бирикме, уюм, диаспоралар менен кызматташуусу тууралуу кыскача баяндама жасап өттү. Кийинки сөздү Германиядагы «Kyrgyz club» дын башчысы Бакыт Көбөгөнов скайп аркылуу улантты. Ал да «Кyrgyz club» уюмунун иш аракттерине токтолуу менен бирге «Экономика» министрлигинин алдындагы жаңы түзүлүп жаткан «Мекендештер менен байланышуу боюнча кеңешке» ар бир мамлекеттен бирден өкүл кирүүсүн сунуштады. Жалпы бир регионго (м: Европа, Азия, Борбор Азия. ж.б.у.с. көптөгөн мамлекеттерди бириктирип) өкүл катары бир адамды шайлоо бир топ ыңгайсыздыктарды жаратаарын белгиледи.

Бакыт Көбөгөновдон кийин Түштүк Кореяда эмгектенип жүргөн мекендештер скайп аркылуу байланышка чыгышып «Пенсиялык фонд» боюнча суроо көтөрүштү.
Андан кийинки сөз Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин жана «КыргызИнвестГрупп» компаниясынын өкүлдөрүнө узатылды. Алар өлкөбүздүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнүн жаман-жакшы жактарын, инвестиция тартуунун жолдору, мамлекеттик мыйзамдагы жеңилдиктер туурасында сүйлөп беришти. Аларын сөзүн уккан соң, суроо-жооп иретинде талкуу болду. Талкуу аябай кызык өттү. Жогоруда аты аталган мекеме өкүлдөрүнө суроолорду жаадырып, инвестиция тартуу боюнча кызыгып сүйлөп жатышкан мекендештерди көрүп бир топ кубана түштүм. Анткени ар бири өз башынан өткөн жагдайларды мисал катары айтып, инвестиция алып келүүдө өлкөдөгү тоскоолдуктарды жойуу тууралуу сөз салышканча өз бизнестерин тааныштырып өтүштү. «Кыргызстан-Турция» достук жана маданият коомунун башчысы Айбек Сарыгулов байке «Эң башкысы негизги шартты ички, өзүбүздүн эмгек мигранттарына түзүп берүү зарылчылыгын билдирди. Анын айтуусу боюнча ошол өзүбүздүн мигранттардын аркасынан өлкөбүзгө сырткы инвесторлор келет». Айбек байкенин бул көз карашы аябай жаккандыктан, көбүрөөк эсте калды окшойт. Деги эле суроо-жооп ушунчалык мага жакшы маанай тартуулады. Биздин чет жакта эмгектенип жүргөн мекендештерибиз өз социалдык муктаждыктарын жойуу менен гана алектенбестен, күнүмдүк муктаждыктарды канаттандыруудан бир канча тепкичке көтөрүлүп, өсүп, жетилип, ал эле эмес мамлекеттин жашоосун өзгөртүүгө салым кошолу деп аракеттенип, башка өлкөнүн бизнес чөйрөсү менен алака түзүүгө да жол ачып жаткандыктары, алардын энтузиазмы мага жагымдуу таасир калтырды.

ээ 20 аКийинки сөз тил комиссиясынын өкүлүнө тийди. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен «Замандаш» ассоциациясы 2010-жылдан бери кызматташып келе жатыптыр. Бул тармактын өкүлүнө да аябай көп суроолор узатылды, сунуштар да түштү. Алардын ичинен Москвада эмгектенип, «Ала Тоо» аталган коомдук бирикмени жетектеп жүргөн Жамийля Бегиева эжебиз «American school», «British school» дегендердин кыргызча аналогун түзүп, жайкы лагерлер иштесе, чет мамлекетте үй-бүлөбүз менен эмгектенип, башка тилде билим алууга айласыз болуп жаткан балдарыбызды биз путевка алып кыргыз тилин үйрөнүү үчүн жөнөтөт элек деген сунушун айтып, андан сырткары балдар үчүн атайын кыргызча хрестоматия иштелип чыкса деген каалоосун билдирди. Аябай кызуу талкуулар менен биринчи күндүк жолугуу аягына чыкты. ээ 21 бТалкуунун жыйынтыгында резолюциялар кабыл алынды. Андан кийин кечки сый тамак уюштурулуп, анын жүрүшүндө «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу Кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында кошуп жаткан зор салымы үчүн Мухтар Өмүракунов атындагы атайын төш белги (медаль) менен сыйланды жана Улуттук тил комиссиясы иштеп чыккан бир канча китептерди топтун атынан белек катары мага тапшырышты. Аталган сыйлык-белектерди Кудай буюрса жакын арада Райкүл эже менен жолугуп, мекенчилдердин «Кыргыз Көчү» коомдук фондунун кеңсесине өткөрүп берем..

Экинчи күнкү жыйын Мухтар Өмүракуновдун 50-жылдыгына арналган документалдуу фильмди көрүү менен өз ишин баштады. Бул күнкү чогулуш негизинен талкуу түрүндө, каалаган адам өз сунуш-пикирин айтып, өзү каалаган темада сүйлөө үчүн жол берилди. Өлкөбүздөн алыс жүргөн мекендештерибиздин күчү менен көптөгөн жакшы долбоорлор иштелип чыгып, ошол адамдардын жардамы менен жакшы иш-чаралар жүрүп жатканына да ынандым. Жамийля Бегиева эженин айтуусу боюнча алардын сунушу менен сырт жакта, тагыраак айтканда Россия Федерациясынын ар кайсы шаарларында эмгектенип жүрүп көзү өтүп кеткен эмгек мигранттарынын сөөгүн өлкөгө бекер алып келүү боюнча авиа компаниялар мамлекеттин киришүүсү менен өз макулдугун билдирген. Андай авиа компаниялар алгач төртөө болчу, алар: Кыргызстан, «Air Bishkek», «Air Traffic Company», «Air Manas». Өтө өкүнүчтүү жана сырткы миграциянын терс жагы болгон бул маселе менен баарыбыз эле азыноолак тааныш болушубуз керек. Сырт жакта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин расмий саны сегиз жүз миңден бир жарым миллиондун ортосундагы сандар айтылып жүрөт, ошонун ичинен басымдуу бөлүгү Россия Федерациясынын территориясында эмгектенип келишет. Алардын жаш курагы 17-18 жаштан 45-50 жашка чейинки атуулдар. Бир жыл ичинде Россия Федерациясынын аймактарынан 300-400адамдын сөөгү келет. Бул расмий гана сан. Атуулдарыбыздын сөөгүн мекенге кайтаруу аябай көп түйшүктү жана чыгымды талап кылат. Бүгүнкү күнү бул маселе дагы деле орчундуу мааниге ээ, анткени жогоруда аталган авиа компаниялар мамлекет талап койгонуна карабай сөөктү алып келүүдө жол чыгымын сурап, Кыргыз жерине бекер ташуудан баш тарткан учурлар арбын. Азыркы күнү эки гана авиа компания бекер кызматын сунуштап жүрөт менин билишимче. Алар: «Кыргызстан» жана «Air Bishkek». Мындан эки жыл мурун ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Президентинин этностор аралык мамилелер боюнча кеңешчиси Каптагаев Эмилбек Саламатович менен ушул «Кыргыз Көчү» тобу аркылуу «Көч байланыш» өткөргөн кезде РФнын гана территориясы эмес, башка өлкөлөрдөн да кыргыз атуулдарынын сөөгүн алып келүүнү бекер жүргүзүү ишин чечип берүүнү суранып кайрылдым эле, бирок ал суранычым тилекке каршы жоопсуз калды…
ээ 21 бАндан сырткары, биздин сыртта жашап жаткан атуулдарыбыз илим-билим тармагына да көңүл буруп, өздөрү жашаган өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлардан биздин абитуриенттерге орун алып берүүгө аракет кылып, өз ара кызматташууга чакырып жүрүшүптүр. Мисал катары: коңшу өлкөнүн Алматы шаарында түптөлгөн «Мурас» этномаданий борборунун жетекчиси Руслан Мамыров аганын айтуусу боюнча биздин окуучулар үчүн 100 адамды Казакстанда жайгашкан КИМЭП аталган жогорку окуу жайдан билим алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Андан сырткары мен окуп келген Россия Федерациясынын Барнаул шаарында «Наш Дом Алтай» аттуу жергиликтүү коомдук автономиянын жетекчиси Нурбек Шүгүрбекович да Барнаулда жогорку окуу жайлар менен кызматташып, биздин окуучуларды бекер окутуу үчүн орун алып берүүгө аракет кылып келет. Быйылкы жылы аталган автономиянын жардамы менен 4 окуучу «Алтай мамлекеттик искусство жана маданият академиясынан билим алып келүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындай мисалдарды атап отурсак көп эле кездешет болуш керек… Бул да биздин атуулдарыбыздын өлкө үчүн жасап жаткан аябагандай чоң салымы деп атай алам. Экинчи күнкү талкуу, сунуш-пикирлерди билдирүү, рекомендациялардын негизинде резолюцияларды кабыл алуу менен жыйын аяктады. Жыйындын аягында алыстан келген мекендештер ээ 21 бКөлгө түшүп, эс алууга бир аз убакыт берилген соң, кайра Бишкекти көздөй сапар алдык. Сасык тумоо болуп бир аз жакшы эмес абалда жүргөнүмө карабай бул жолугушуудан көптөгөн жакшы маалыматты, эмоцияларды алдым, тааныштарды таптым, «Замандаштын» иш-аракетине да көңүлүм жылып кайттым. Күзүндө өтчүү шайлоого «Замандаш» партиясы да аттанып жатыптыр, анда эл көйгөйүн ойлоп, Кыргыздын өнүгүп-өсүшүнө салым кошууга өз күчүн жумшап, жемиштүү аракеттерди кылып жүргөн партияга ийгилик каалап кетет элем…

Атыргүл ЗАКИРОВА,
Атайын «Кыргыз Көчү» үчүн.
Бишкек шаары, 26-август, 2015-жыл.

One thought on “Маанилүү жыйын..

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *