Жан дүйнө жаңырыгы..


ТУМАН, ТУРМУШ, ТУҢГУЮК

Туш тарабым тунарып, бозоруп, көзүмө эч нерсе көрүнбөй, кайда бараарымды баамдай албай, басалабай, туталанып, туттугуп, айлам кетип, ичиркенип, улуу чексиздикке карай умтулумуш болуп, көңүлсүз кадам шилтеп, калжайган, тарбайган, ийрейип дүпүйгөн дарактарды аралай, илең-салаң, айырилкий басып, көрүнүп-көрүнбөгөн, байкалып-байкалбаган башаламан шумдуктуу элестер алдыман да, артыман да жолумду тороп, ата-жотомду калтырбай «ашаткан», айкырып-кыйкырган адилетсиз ачуу үндөр жаңырып, кулагымды «жапырып», кутулууга далбас уруп, далдоо издеп, айоосуз кыркылып, чала куураган карт дарактын түбүнө корголой калсам, оң тараптан какырынып-түкүрүнүп, «энеңдилеп» сөгүнүп, эсирген эркектердин үнүнө аралаш, кимдир бирөөнүн өлүк-тиригин калтырбай каргаган, угулуп-угулбай, акырындап барып чыкпай калган аялдын ачуу, айанычтуу үнү үзүл-кезил жоголуп, сол тараптан өлөөрчө мас, өң-алеттен кетип өхүлөгөн, бири-бирине сүйөнүп, сүйрөлгөн, туман арасындагы элестери элдир-селдир, өздөрү, сөздөрү, көздөрү кошо тумандап, өңдөрү өчкөн, кызарып, тумшуктары жылыганы менен турмуштары жылыбаган, «оттуу сууга» ичтери ысыган менен иштери «ысыбаган», батинкелеринин бар-жогуна кайыл, буттары чалыштап, ботала болуп баткак кечип, булдуруктап, баштары менен жер сайып, оңколоп, оң-тетири суналган куурагырлардын оозу-мурдун жалтырата жалап-жуктап, кусундуларына «нык» тойуп алган итирейген кара кандектин үнү чаңкылдай чыгып, эс-учу жок жаткан ал экөөнү айлана чуркап, жан-алы калбай жанталаша коруп, айап, үйрүлүп түшүп үрүп жатса, капал-тапыл кандек үнүнөн үстүм ачылып, үмүтүм ачылып, туман тарай түшкөнсүп туш тарабым, көңүлүм ачылып, туттуккан абалым не тазарып, не тунуп, туманда далай адашкан айырАта-Журтум, алпештеген Ата-Энем, туулган жерим, балалык байоо кезим көз алдыма бир саамга жылт эте түшүп, эмнегедир кандек ордуна калдайган кара тайган «Учар» (иттин аты) элестеп, кандай гана кыйын кырдаал болбосун эч качан тиш кайрап ээсин каппаганы, кылып-кылбаса да, жеп-жебесе да, курсагы тойуп-тойбосо да эч убакта кектеп, жамандык издеп ээсин сатпаганы, жоопкерчилигин сезе билип, ит да болсо акылдуусунуп төш каккан азыркы адамзат мүнөзүнөн алда канча айырмаланып, жогору сезилгени, айтор жан дүйнөмдү эзип, «эмнеге мындай?» деген суроого жооп табалбай, чыңалып, эгерим окшобогон эки доор, эки мезгил, эки өлкөнүн ортосунда түйшөлүп, түнөрүп, түтөп, чайналып турдум..

Асманың аңтарылып, атың сойулуп, көөдөнүң ойулуп, көзүң соолуп  баратса дагы, таңдын кандай атып, күндүн кантип, кайда батканын аңдабай, пейили куруп, ыйман-ырыскы качып, ың-жыңсыз житип жок болуп баратканына кайдыгер, кара курсагынын күнүмдүк кампайганы менен чектелип, ченемин билбей, чектен чыгып, өздөрүн «акылман» ойлоп «ашынган» «күркүлдөр», ар кандай арамдык жолдор менен «басып» алган байлыгына манчыркап, эзелки улуу элди «эссиз» дедирип, ал гана эмес арам делеген эшектин этин жедирип, кутуруп, көкөлөп, көздөрүн май баскан көпөстөрдөн көңүлдөрү үч көчкөн журттай калган көпчүлүк карапайым катмар көр турмуш алеги менен эптеген жашоо кечирип, эртеңинен, келечегинен, жөнөкөй эле адам катары жашоо энчисинен куру калып, үмүтү үзүлгөндөй, баарынан түңүлгөндөй, алдыга умтулуп, аржак-бержагына үңүлүп акыл калчагандын ордуна, ой-туйумун, акылын, адамдык ыйык сапатын, тумандап турган турмушун ууру-кескиликке, наадандыкка, аракеч-баңгиликке, арам-айлакерликке, сойкулукка, ач көздүккө алмаштырып, бүтүндөй улут темселеп, карайлап, кайсалап, кайда бараар жолун, багытын, аты менен затын, тилин, дилин, улутун унутуп, жоготуп, жок болуп кетүү изине батып, чыгалбай, мүңкүрөп, мүргүп, боору катып, боздоп-сыздап турганы, күнү-түнү түнөрүп, түтүндөй быкшып каптаган кара туман арсыз, алсыз, аздап жабыркап жүргөн жан дүйнөмдү жанчып, тумчуктуруп, муунтуп, мыжып, чыдамымды кетирип, чыйрыктырып, муздатканы муздаткан…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист. Финляндия, Келсинки.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *