Бейне..


66Ааламтордогу «Бейне» рубрикасынын ардактуу коногу болуп берүүмдү өтүнүп, атайын кат жолдоп, мени маекке чакырганы үчүн алгач ушул мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып, алыскы Финдердин өлкөсүндө жашаган эркин журналист, «Фейсбуктагы» мекенчилдердин «Кыргыз көчү» тобунун жетекчиси Асыран АЙДАРАЛИЕВге терең ыраазычылыгымды билдире кетким келди. Мага окшогон айыл түпкүрүндөгү, унутулган адамды төрт дубалдын ичинен сууруп чыгып, дүйнөнүн чар тарабына чачырап кеткен улутташ бир боордошторума кеңири тааныштырып, аларга ой-пикиримди, ичтеги бугуп жаткан сырымды төгүлтүп-чачылтып айттырып жатканы – Асырандын бийик адамкерчилиги, боорукерлиги жана мага болгон сый-урматы деп билем. Асыран иниме жалаң жакшылыктарды жана чыгармачылык зор ийгиликтерди  каалайм!

******************************************************************************************************************

Маектешим тууралуу: «ДААНЫШМАН» адам менен кантип таанышкам?

Өткөн жылы жаз алды менен Кыргыз Эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВ дин «Агындылар» аттуу китебин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жашаган мекендештерибиздин «биз дагы алат элек» деген өтүнүчтөрүн эске алуу менен аларга ал китепти жеткирип берүү демилгесин көтөрүп атайын иш чара уйуштуруп жиберген элек. Жыйынтыгында бир топ мекендештерибиз алыста жүрүшсө дагы бирден «Агындылуу» болуп калышкан. Ошол маалда «Фейсбуктагы» баракчалардын биринен «мен дагы ушул китепке жетпей жүрөм, кимден, кайдан, кантип алса болот?» деген жазууну окуп калдым. Анан ал жерге мен «баланча тилипонго чалыңыз, Бишкектен алыңыз» деп жазып койгом. Эртеси ал жазган жерге эмес, жеке кат куржунума куш тилиндей кат келиптир. Ал Мусакун Сатыбалдиев деген адамдан экен. Алакандай катты көрүп, туттугуп, ыйлагым келип араң окугам, бир топко чейин ойлонуп отурган элем. Эмнеге экенин эми окуп түшүнөт болушуңуздар керек?. Эгер ал жакта болсом «Агындыларды» шарт колтугума кыса салып, Караколго заматта жетип барып, ал адамдын өз колуна өз колум менен тапшырып келбейт белем деп кыялданып тим болгом. Анткен менен аз өтпөй Караколго барып, сүйүнтүп, абаны дагы «Агындылуу» кылган элек. Таанышып, ара-чолодо, анда-санда байланыша калып жүрдүк, азыр да байланышыбыз үзүлгөн жок. Менин билгеним, жүрөгүм менен сезип, туйганым ушул, укмуштай эрк-кайраты күчтүү, акылдуу, асыл, даанышман адам экенин абдан жакшы билем. Дагы да тереңирээк билгим келди, Даанышман абамдын (баса, мен мындан ары Мусакун абаны дайыма «Даанышман аба» деп атамай болдум. А. А.) ачылбай жүргөн сырларын анча-мынча болсо дагы ачып, ай-ааламга чачып, айтып-дегим келди. Ошондуктан аз мурун ушул сайтымда ачылган «Бейне» аттуу рубрикамдын ардактуу мейманы болуп бериңиз» деп өтүнгөн элем. Макул болду, кеңешип, кеңири маек курдук, ачык сырдаштык, болушунча баарлаштык. Анда эмесе ал мынакей, «Бейненин» урматтуу коногу менен болгон көлөмдүү маегим сиздердин назарыңыздарда урматтуу окурман журтум, журтташтарым жана Досторум! ээ 21

КЕЧИР ТАГДЫР, МЕН ӨЗҮҢДҮ ЖАСАП АЛАМ КОЛ МЕНЕН!

– Мусакун аба, сизге алгачкы бере турган суроом мындай. Тээ балалык кезиңизди, ошол мезгилдеги жадыңызда калган кайталангыс сүртүмдөрүңүздөн эскерип айтып берсеңиз. Себеби, адам баласынын чоң турмуш жолуна болгон багыты, анын башталышы ошол балалык кезге барып такалаары турган иш деп түшүнөбүз. Анда сөз сизде, Мусакун аба..
– Жакшы болот, айтып берейин, эсимде баары. Адамдар балалык кездерин тамшануу, өзгөчө бир толкундануу менен эскеришет эмеспи. Албетте, бул бекеринен эмес, анткени адам өмүрүнүн эң бейгам, эң кубанычтуу, эстен кеткис учуру – балалыгында катылган. Бирок, мен өз балалыгымды эстегенде маанайым чөгүп, асманымда кара булут айлана түшөт. Эс тарткан курактан тартып, менин бир гана самаган нерсем бар эле. «Эшек арабам болсо, анан ага түшүп алып айылдын четине чыксам» деп ойлой берчүмүн. Айыл ичи, анын чети мен үчүн ачылбаган планета болучу. Кийин эшек арабалуу боло албастыгымды түшүнгөндөн кийин, кичинекей терезеден көрүнгөн алыстагы тоолорду карап отуруп: «Эшикке өзүм эле басып чыга алсам, эч арманым болбос эле» деген кыялга, ойго чөмүлүп жүрчүмүн. Ырас, акыры бул тилегиме Кудай жеткирди.

– Ошондо канча жашта элеңиз? Андагы балалык кыйалдарыңыздын ишке ашканы болдубу?
Анда мен он бир-он эки жаштарда болчумун. Ооба, адатта «жаштын тилегин берет» деп койушат эмеспи. Ошол учурда болбосо да, кийинчерээк ишке ашканы болду. Бир нече жолку операция жасалганы менен, баягы жасалбай калган операциянын кесепети бары бир тийди окшойт. Эки балдак менен басканым менен, короодон чыга албайт элем, кичине бир нерсе болсо жыгылып калам. Эки бутумда сундуйган фиксациялык аппарат болгондуктан, бирөө көтөрүп тургузмайынча ордумдан тура албайм. Ошондой абалда көчөгө чыгуу мүмкүн эмес эле. Үч дөңгөлөктүү, кол күчү менен жүрө турган коляска алган соң гана айыл аралап чыгууга шарт болду. Айылдын чети эмес, кийин кең Москвадагы кызыл аянтты кош балдагым менен тыкылдатып, ары-бери басып өттүм. Кыргыз жеринин кыйласын кыдырдым.

Аба, алты саныбыз аман, телегейибиз тегиз адамдар деле өкүнүп, кейип-кепчип жиберген учурларыбыз өтө көп, ал эч кимге деле жашыруун эмес, көрсө адам табити ошондой болот тура, эзели эч нерсе жакпайт. Сиздин өкүнгөнүңүз, өзүңүзгө жакпаган адаттарыңыз барбы?
– Эми өкүнгөндө эмне, баардыгын Кудай жаратат, а өмүр деген, мезгил деген башына жүгөн каттырып, аса байлап кое турган күлүк ат эмес экен. Өз нугу менен токтобостон өтө берет экен. Болгону аны менен бирге башынан мүчүгөн ден соолук ого бетер мүчүп, алдан тайыйт экенсиң.

Өмүрлүк жолдошу жана кенже кызы менен.

Өмүрлүк жолдошу Жайнагүл жана кенже кызы Айназик.

– Азыркы абалыңыз кандай? Эмне менен алектенип, алаксып дегендей. Ар-жак, бер жактарга чыгып турасызбы?
– Кийинки беш-алты жыл аралыгында тубаса дарт өз күчүнө алып, жакшы баса албай, тышка өз алдымча чыга албай дагы калдым. Албетте, эми буга кейип-кепчип, чүнчүп отуруп калайын деген ниетим жок. Али жүрөк согуп турганда жашоо токтобойт эмеспи. Үйдөн чыга албай калганыма каршылык, протест кылып, өткөн жылы компьютериме интернет туташтыртып алгам. Бир кезекте айылдын четине чыгууга зар болсом, эми интернет, андагы өзүмдүн баракчам аркылуу дүйнөнү түрө кыдырып, андагы жакшы санаалаш адамдар, улутташтарым менен байланышып турам. Анча-мынча чыгармаларымды жарыялап, аларга сунуш кылып дегендей. Ошол жазгандарым, ойлорум айрым адамдарга жагып, ойго салганын айтып калышат. Кимдир бирөөлөргө сөзүм, ырым, ойлорум менен болсо да кичинекей көмөк көрсөтө аларыма кубанып, жан-дүйнөмдө кандайдыр бир күч пайда боло түшөт.

– Аба, эми мен сизди жарга такайын. Сиз ушул жашка чыкканы унчкупай, эч кимге айтпай, ичиңизде купуйа сыр катары жашарып, бук болуп, катып жүргөн олуттуу окуйаларыңыздан айтып бере аласызбы? Кайсы бир учурларыңыздан кызыктуу байан айтып бербейсизби? Андай тагдырды сиз башыңыздан далай эле өткөрсөңүз керек, эмнесин жашырат элеңиз? Чынымды айтайын, мен эмнегедир сиздин көп нерсе айткыңыз келип, буулугуп жүргөнүңүздү сезип, туйуп эле жүрөм..
Эми мынча болду, баарлашып калдык, атайын сурап да жатсаң, сага кантип айтпай койойун, Асыран. Айтып берейин, балким кимдир бирөөлөрдүн сезимине ой данегин таштап, бүдөмүк жашоонун бүдүрүн ачып алуу себепкер болуп берээр деген илгери үмүткө жетеленүү менен, өз башымдан өткөргөн эстен кеткис, качандыр бир убакта менин тагдырыма улуу бурулуш жасаган бир окуя-баянды айтып берейин.

Билбейм, буга ишенгендер чыгабы, же мыйыгынан күлгөндөр болобу, ким билсин? Эмнеси болсо да, ушу күнгө чейин сезим түпкүрүндө жүргөн купуя нерсемди ачыкка чыгарайын. Жогору жакта тубаса майып адам экенимди айтып өтпөдүмбү. Бул эми – тагдыр. Адатта адам тагдырды эмес, тагдыр адамды тандайт экен, буга каршы тура ала турган жан болбосо керек. Адеп он эки-он үч жашка чыкканга чейин баса албай, үй ичинде боорум менен жылып жүрдүм. Мурда атамдын жумуштан эртерээк келишин чыдамсыздык менен күтүп отурчумун. Себеби ал эрте келип калган күнү мени сундуйтуп аркасына көтөрүп алып, эшикке алып чыга турган. Бир күнү мени көтөрүп алып, көчөдө басып жүргөн. Анан эле бет маңдайыбыздан келе жаткан бир аял өзү жетелеп, кыйыктанып келаткан баласына мени көрсөтүп: «Айиий, мобу уятсыз баланы карачы, килтейип алып атасынын жонуна минип алыптыр. Жакшы балдар эч качан атасы менен апасына көтөртпөйт, сен жакшы баласың, ээ» – деди. Бейтааныш аял ушул сөзү менен мени башка муштап жибергенсиди. Атамдын тер жыттанган жонуна бетимди басып ыйлап жибердим. Ошондон кийин көтөртүп, эшикке чыкпай калдым. Күнү бою эрмегим ушул, төөнүн жалгыз көзүндөй болгон кичинекей терезеге жылып келип, керелди-кечке сыртты карап отурмай. Ал кезде биздин эски тамдын терезеси көчө жакты эмес, короону карап турчу. Жайдак короо, жогорку үйлөрдүн огороддору, андан ары бөксө адырлар, андан ары тоолор гана көрүнөт. Болду, башка эч нерсе көрө албайм. Огородду кесип өткөн жолбун ит да мага өзүнчө бир жаңылык катары сезиле берчү.

Догдурларга көрсөтүп, дарылап, сизди ошол тубаса оорудан арылтууга аракет көрүштү беле?
Ооба, далай эле аракет кылышты. Азыркы сөзүмдү улап, айта турган кийинки окуйам дал ошол мезгилдерге туш келген да, андыктан улантып кете берейин. Ошондой күндөрдүн биринде, он төрт жашка чукулдап калганымда Фрунзедеги (Бишкектин мурдагы аты) ооруканага алып барып жаткырышты. Сегиз ай жаттым, бир нече жолку операциядан кийин эки балдактын жардамы менен эптеп кыбырап басууга жарадым. Бул менин турмушумдагы алгачкы кубанычым болду окшойт. Дал ошол кезде коңшу палатада жаткан бир кызды көрүп калдым. Кийинчерээк анын аты Нургүл (ал жердегилер аны Наташа дешчү) экенин, Нарын тараптан болоорун, менден үч жаш улуу экенин, медициналык окуу жайда окуп жатканын билип алдым. Кыскасы, ошол кызды балалык сезимим менен айабай жакшы көрүп калдым. Бирок, ал кыздын жанына барып, таанышып, аркы-беркини сурап, сүйлөшүү кайда? Үй-бүлө чөйрөсүндө гана чоңойуп өскөн жаным, адамдар менен алака, мамиле түзүп, эки сөздүн башын кошуп сүйлөгөндү да билбейт элем. Аны көргөндө эле бир башкача абалда калчумун. Ошондон кийин мага бул дүйнө, жашоо өзгөрүп кеткендей сезилди. Оору, өксүк, терезеден көрүнгөн жайдак огород, кол жеткистей көрүнгөн алыскы тоолор, ата-энеме көрсөтпөй ыйлаган көз жаштар эми кайдадыр алыстап, алардын ордуна башка бир ажайып, кооз дүйнө жакындап келаткандай сезиле баштаган. Анан көп өтпөй эле мени дагы бир операцияга даярдай башташты. Алиев деген профессор: «Ушул операция абдан оор болот, бирок, сен ушундан кийин балдаксыз басып кетишиң мүмкүн, тигине, Митяны көрдүңбү? Ал экөөңдүн диагнозуң бир, ал азыр балдаксыз басып жүрөт» деп мени чексиз кубантып койду. Анын үстүнө мен ал ооруканада жылдап болсо да жата берүүгө даяр элем, себеби – ал жерде Нургүл бар эле..

Атаганат, турмушта баары эле адам күткөндөй, ойлогондой, ал самагандай боло бербейт тура. Операцияга бир жумача калганда эле күтүлбөгөн жерден Нургүл ал ооруканадан чыгып кетти. Бардыгын күтсөм да, мен ушундай болот деп күткөн эмес элем. Төбөмө асман кулап түшкөндөй эле эсим ооп, эңгиреп отуруп калдым. Нургүл кетип баратканда биз жаткан палатага кирип, мага гезитке оролгон бир нерсе берип кетти. Ачсам – китеп экен. Аз күн мурунураак ал жаткан палатага барып, Айгүмүш аттуу эже менен шашки ойноп отурсам, Нургүл бир китеп окуп аткан. Ошондо эптеп өзүмдү күчкө салып, «жакшы китеп бекен?» деп сураганга жарагам. Ал мени жылмая карап, илбериңки гана «ооба, абдан кызыктуу китеп, окуп бүткөндө бул китепти сага берем, сөзсүз окуп чык» деген. Гезитке оролгон «оокат» ошол китеп окшойт. Мен аны дароо боорума кыскан бойдон жан-дүйнөм аңтарылып отуруп калдым. Бу дүйнөдө өзүм жападан жалгыз калгандай, эми мага эч нерсенин, ал гана эмес аз күндө боло турган операциянын да кереги жоктой сезилди. Ошол эле жерден, палатадагылардын көзүнчө биринчи жолу ушунчалык өксүп, жан-дүйнөм жабыркап, эзилип, эчкирип көпкө ыйладым..

Солдон экинчи бала кармап турган: «Биринчи мугалими», алгач «А» деген арип тааныткан эжеси Зинагүл.

Сүрөттө: Солдон экинчи бала кармап турган «биринчи мугалими», алгач «А» деген арип тааныткан эжеси Зинагүл.

– Андан кийин эмне болду, ал ооруканада канча жаттыңыз дагы? Ошондо ошол  кыздын эмнеге кеткенин, кайда жашаарын, дарегин биле албадыңызбы? Эң башкысы операцияңыз эмне болду?
Андан ары эмне болсун, ошол эле күнү менде капысынан мындай бир ой пайда болду. «Болду, чын эле эми менин басып кетүүмдүн кимге жана эмне кереги бар, мен бул жерден кетишим керек» деген чечимге келдим. Догдурлардын айтканын укпай, «болбойт, кетпейсиң» деген ой-бойлоруна койбой жатып, эле эртеси ал жерден чыгып, үйгө биротоло кетип калдым. Үйгө келгенден кийин Нургүл берген ошол китепти башыма, жаздыгымдын алдына кошо жаздап жатып жүрдүм. Ал китеп ошол кезде менин, кайталангыс, болгон-бүткөн жалгыз асыл белегим эле. Кыздын мага айта турган сөздөрүнүн бардыгы ошонун ичине, аппак барактарына мончоктой тизилип жазылгандай, ушундай кымбат нерселерди айта тургандай сезиле берчү. Аны кимдир бирөөгө окутуп койуп, уккум да келчү. Бирок, анын мага гана айта турган кымбат сөздөрүн окуп берген кишиге ыраа көрбөй, анын да билип алышын каалабай, кызганып кетчүмүн. Анан эле күндөрдүн бир күнү «бул китепти өзүм гана окушум керек» деген чечкиндүү ойго келдим. Ал кезде менден улуу эжем онунчу класста окуса керек эле? Түз эле айттым: «эже, мага китеп окуганды үйрөтүп койуңузчу» дедим. Эжем ал сөзүмдү анча этибар албай туруп эле: «окуганды үйрөнүп эмне кыласың?» десе болобу? Ошол эле жерден оозума бирөө сала бергенсип: «эмне, чолок болгонум аздык кылгансып, эми сен мени эч нерсени билбеген келесоо болуп калсын деп турасыңбы?» деп буркурап ыйлап жибердим. Эжем менден мындай сөздү такыр күтпөгөн окшойт, бир саамга оозу ачыла түшүп, анан эле мени кучактай калып, ал дагы кошо шолоктоп ыйлап жиберди. Экөөбүз бир топко чейин кучакташып алып, бышактап ыйлап отурдук. Анан эле эжем шарт ордунан тура калып, эшикке чыгып кеткен. Көп өтпөй эле кайра китеп көтөрүп кирип келди. Көрсө, түз эле мектепке барып, сүрөттөрү кесилип алынган Алиппе алып келиптир. Ошентип, он төрт жашымда алгач ирет «А» деген тамганы таанып баштадым…

Мусакун аба ини-карындаштары, келиндери жана күйөө балдары менен.

Үй-бүлөсү, ини-карындаштары, келиндери жана күйөө балдары менен.

– Демек, сиздин алгачкы жолу тамга таанып, китеп окуп калышыңызга, өз алдынча сабатсыздыгыңыздын жойулушуна ошол кыз белекке берген китеп себепкер болгон турбайбы анда, же башка да себептер болду беле? Канча убакытта тамга таанып, китеп окуганга жарап кеттиңиз?
– Албетте, дал ошол китеп себеп болду. Адам бир нерсеге берилип алса, андан баш тартышы кыйын го? Ошентип, ошол мезгилде мен үчүн бир гана максат – батыраак тамга таанып, эч кимге көрсөтпөй байагы катып жүргөн китепти окуу болуп калды. Бир жумага жетпей тамгалардан сөз курап, окуганга жарадым. Андан бир айга жетип-жетпей баягы керемет китепти окууга кириштим. Ал китеп айтылуу Джек Лондондун «Жашоо кумары» деген китеби экен. Ошентип ошол китеп менин өмүрүмдөгү биринчи окуган китебим болуп калды. Баарына бир аз кийинчерээк түшүндүм. Көрсө, Нургүл мага «жашоо деген оңой-олтоң оокат эмес, жашоо үчүн тынбай күрөшүү керек, туруктуу бол, кайраттуу жана бекем бол, жашооң канчалык оор болсо да ага чыдай бил» деген ойду айткысы келген экен. Китепти кайталап окуп жатып, андагы каармандары аркылуу Нургүл мага ушинтип тынбай айтып, кулагыма куйуп, эскертип жатканын түшүндүм..

– Көзүңүз ачылып, көп нерсеге түшүнүп, алдыга умтула баштаган учуруңуз ошол маалга туш келсе керек анда? Ага улай анан эмне иштер менен алектене баштадыңыз? Көп китеп окудуңузбу?
– Убакыт учуп, арадан дагы эки-үч жыл өтүп кетти. Анан эле эмнегедир бара-бара келечегиме болгон үмүтсүздүк, азыркыча сөз менен айтканда «депрессия» деген пайда боло баштады. Өзүмчө көп ойлончу болдум. Ата-энемдин тырмалаңдап жүрүп таап келген нанын мен эле жеп, мен эле ичип, түгөтүп (биздин бүлөдө он бир бир тууган элек, үчөөнүн көзү өтүп кетти) жаткандай, мен бул дүйнөгө жаңылыш, ашык баш келип калгандай сезим үстөмдүк кылып, баш көтөрө албай калдым. Өлүм жөнүндөгү ой басып баштады. Анан бир күнү үйдө жалгыз отуруп эле эжем алып келген үтүктү көрүп калдым. Ичимден «таптым!» дедим. Билбейм, адатта өлүмдөн коркпогон адам болбойт дешет эмеспи, мүмкүн. А бирок мен ошол учурда өлүм жөнүндө эмес, өзүмө жаңы табылга тапкандай, ошол табылгам мени жаңы, учу-кыйрсыз, укмуштай кооз, ажайып дүйнөгө алып бара турган жолдой сезилип, жеңишке жеткендей гана ойлорду ойлоп отурган элем..

Филология илимдеринин доктору, профессор, белгилүү  акын жана котормочу Үсөнбек АСАНАЛИЕВ менен.

Филология илимдеринин доктору, профессор, белгилүү
акын жана котормочу Үсөнбек АСАНАЛИЕВ менен.

«Ф Е Я Н Ы Н    К А Т Ы»

Кызык да, мен үйдө жалгыз болчумун. Башыма келген башаламан ойлорду, элестетүүлөрүмдү карасаңар? Тимеле чытырман токойдо далайдан бери адашып жүргөнсүп, анан эле капысынан даңгыр жол табыла калып, зыңылдаган түз жолго түшө калгансыдым. Ошол жолдо мени ажайып дүйнөгө алып баруучу машине өтүп кете тургансып, өзүмчө ашыгып, ушунчалык шашып жаттым. Үтүктүн «шнурун» шарт жулуп алып эки колума байладым дагы кандайдыр бир өзүм түшүнбөгөн кубаныч, жеңилдөө аркылуу зымдардын жылаңач учтарын розеткадагы көзөнөктөргө сайып жибердим. Билбейм канча отурганымды. Бир маалда эле жанымдан: «Тарт!» деген кескин жаңырган үн чыкты. Катуу чочуганымдан секирип да кеттим, өзүмө мүнөздүү болбогон ылдамдык менен розеткага туташкан «шнурду» жулуп алдым. Айланамда бир дагы жан аттуу жок эле, бирок, жанагы үн кулагымда кара-кайра жаңырып жатты. «Шнурду» жулуп алгандан кийин эле калчылдап коркуп чыктым. Бүт денемди муздак тер басты. Көрсө, ошол учурда электр жарыгы өчүп калган экен. Негедир өлө албай калганыма өкүнүппү, же тирүү калганыма кубаныппы, айтор, түшүнө албаган, ичим түтөгөн бир ачуу сезим менен көпкө чейин басыла албай, өпкөлөп ыйлап отурдум. Көз алдыма күлүп турган Нургүлдүн татынакай элеси тартылып кетти. «Тарт!» деп ошол кыз кыйкыргандай сезип жаттым. Анан эле эч күтпөгөн, эзели ойума да келбеген бир кызыктай кыйал кылт дей түштү. Чечкиндүүлүк менен «мен Нургүлгө кат жазам» дедим. Албетте, анын дареги менде жок болчу. Ага карабай туруп калем кармоого эп келбеген колумду (колдо дагы дарт бар) күчкө салып атып, сол колума калемди карматып, бармактарымды жип менен бекем байладым. Кыскасы бир жума алпурушуп атып, калемди барак бетине кыймылдатууга жарадым. Тартаңдаган тамгалар өйдө-төмөн болуп, кагаз бетине жыбырап түшө баштады. Көз алдыма Нургүлдү келтирип алып тынымсыз кат жазып кирдим. Аны кайсы бир жомоктон уккан кыздын аты менен «Фея» деп атап алдым. Анан ошол замат «анын» жооп катын кайра өзүм жаздым. Балким, мен ошондо акыл-эси жайында адам жасабаган нерсени жасагандырмын. Балким. Бирок мен анда ал жөнүндө ойлоого кымындай дагы шай жок эле. Жазган катымды конвертке салып, сыртына өзүмдүн дарегимди жазып туруп күүгүм талаш үч дөңгөлөктүү коляскама отурдум дагы зуулдаган бойдон барып поштонун эшигинин алдындагы темир жашикке салып келдим.

Жубайы Жайна, кыздарым Динара жана Айназик менен.

Жубайы Жайнагүл, кыздары Динара жана Айназик менен.

У Л У У   Б У Р У Л У Ш.

Эртеси эле Кумаш ата гезиттер менен кошо мага келген «Феянын катын» берип кетти. Ошентип, адамдын күлкүсүн келтире турган «кат алышуулар» башталды. Барган сайын колум дагы жатыгып баратты. Мен ал «катка» оюмда эмне болсо, жан-дүйнөмдү эмнелер тынчсыздандырып, эмнелер аласалдырып жатса ошонун бардыгын жазууга аракет кылар элем. «Жооп каттар» да ошондой мааниде жазылчу. «Кат жазышуу» ошентип айдан-айга уланып турду. Бир убакта өзүмө келип ойлонсом, баягы көңүл чөктүргөн «депрессиялар», өлүм жөнүндөгү ойлордон таптакыр дайын жок. Дагы бир кызык, ошол каттар менен улай эле ар кандай кыска кабар, чакан макала жазып райондук гезитке салып жүрдүм. Бир күнү аным дагы гезитке чыгып кетти. Дал ошол гезитке чыккан алакандай кабарлар мага зор күч, эбегейсиз тоодой жөлөк болуп берди. «Менин деле колумдан бир нерсе келет турбайбы, аракет кылсам баары болот турбайбы» деген чечкиндүү ойлор, ынанымдуу үмүттөр пайда болуп баштады.. Кыскасы, депрессиялык абалдан, акыры бир күнү боло турган өлүмдөн мени ошол өзүм менен өзүм жазышкан «каттар» чыгарып кетти. Балким, туңгуюк абалга кептелген дүйнөдөгү адамдардын бири да мындай акылга сыя бербеген жолду таппаса керек. А мен таптым. Ал жол мени жаман абалдан чыгарып коюп гана тим болбой, чыгармачылыкка да баш-отум менен багыттап койду. Анын алгачкы башаты ошол каттарда башталды. Азыр ойлосом, жеке менин ааламымда, жылдызы саналуу, азгантай турмушумда бир жолу гана «жылт» этип, ошол бойдон биротоло жок болуп кеткен ошол татынакай кызга, Нургүлгө кезикпегенимде операция жасаттырып, профессор Алиев айткандай балдаксыз, сопсоо болуп, түптүз басып кетмектирмин..

Жубайы Жайна.

Жубайы Жайнагүл.

Ж О Г О Л У У М А    Ж О Л    Б Е Р Б Е Г Е Н   К Ы З,
«Ж Ы Л Т»  Э Т И П   «Ж О Г О Л Г О Н   Ж Ы Л Д Ы З» 

Балким.. Бирок, бирок анда менин көкүрөгүм, жашоого болгон көз карашым, жан-дүйнөм таптакыр боп-бош калып, сүйүү деген эмне экенин түк түшүнбөй, билбей, а мүмкүн ныпым сабатсыз бойдон калмактырмын? Жек Лондонду окумак турсун ал эмне экенин укпай, көрбөй калмактырмын? Анда менде кайдагы жазуу, кайдагы повесть, роман, кайдагы эссе-аңгемелер? Дегеле окуу, жазуу дегендер түшүмө да кирбей калмактыр? Мындай да болушу толук мүмкүн эле. Эмнеси болсо да ошондо мен өзүмдөн үч жаш улуу кызга жолугуп калганыма, анын мага берип кеткен китебине, ал гана эмес өмүр бойу балдак менен басып калганыма азыр абдан ыраазы болуп, сүйүнүп кетем. Анткени, так ошол учур, так ошол окуйа менин кийинки келечек турмушумду, туман баскан туйук, жабыркаган, жабык көөдөнүмдү ачып, ойготуп, сабатсыздыгымды жойуп, эң башкысы балалык ууз сүйүүмдүн мөлтүр тунук булагыннын башын тазалап, улуу бурулушту көздөй жол баштап кетти. Чын сырымды айтайын, кээде туруп Нургүлдү кечээ жакында эле көргөндөй боло берем, жанымда тургандай сезтп кетеем. Ар бир кыймыл-аракети, дабышы, үнү, жылмайып сүйлөгөнү күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат, кадимкидей эсимде. Кээде ушундай бир өрөпкүгөн улуу сезимге алдырып алам. Ошол кызды, Нургүлдү, азыркы кездеги балпайган байбичени өз көзүм менен бир көрүп, акырын анын тизесине башымды ийип, тийгизип, бир таазим этип алгым келип кетет. Аттиң арман, бирок ал кыз менин кийинки тагдырым жөнүндө, өзүнө болгон менин ыйык жана алгачкы ууз сүйүүм жөнүндө билбейттир, кымындай дагы кабары жоктур. Ким билет? Билбейм.. Бирок менин билгеним ушул – адам баласы кандай гана абалга кириптер болбосун, кабылбасын, андай азаптан чыгуунун көптөгөн жолдору, ыкмалары, шарт-мүмкүнчүлүктөрү бар экенин эч качан унутпаш керек. Бир гана изденүү, чыдамкайлык, туруктуулук бардык кыйынчылыкты багынтат. Үмүт менен жашоо керек. Ушул жерден кошумчалай кете турганым, ошол кызга байланышкан сезимдер, ой-толгоолор, көптөгөн окуяларды кийин «Бейиттеги боз торгой» аттуу роман-эссе китебимде кеңири чагылдырганга аракет кылдым. Чыгармамда ал кызды Анара деп атагам.

Ардактуу акын- жазуучулар менен.

Ардактуу достору, акын – жазуучулар менен.

И Ш Е Н И М     Ж А Н А    И Й Г И Л И К!

Жашоо улана берди, уланып жатат, ошентип менин кийинки жасаган ишим, негизги койгон максатым – гезиттер, кабарлар, маалымат, макалаларды жазууга өтүп кетти. Үч дөңгөлөктүү коляскамдын жанын тындырбас болдум. Талааларга чыгам, иштеп жаткан колхозчуларга кезигем, алардын иштери тууралуу, жакшы иштеген үлгүлүү адамдар жөнүндө жазам. Жазгандарым райондук, облустук, анан республикалык гезиттерге чейин жарыяланып жатты. Ошондой учурда обком комсомолдун жардамы менен жазуу машинкасына ээ болдум. Ишим ого бетер алдыга жыла баштады. Мурда дептердин бир бетин жарым күн толтурсам, эми тынбай терип, чыкылдатып бир күндө он беттен ашыра жазганга жетишчү болдум. Бул, адам дегениңдин табияты ушундай экен, аздап, барган сайын өз жазгандарыма өзүм алымсынбай калчу болдум. Ушундай учурду текке кетирбей дароо башкалардыкына окшобогон ой-толгоолорду, публицистикалык макалаларды, ошолорго улай эле ыр менен аңгеме, новеллаларды жазып кирдим. Алардын айрымдары ал кездеги «Ала-Тоо» журналына, «Учкун», «Көктөм» аталган көркөм чыгармалардын альманахтарына чыгып жатты. Кийинчерээк жазуучулар союзунун ал мезгилдеги Ысык-Көл областы боюнча адабий кеңешчиси, кыргыздын белгилүү жазуучусу Мурза Гапаровдун көмөгү менен «Мектеп» басмасынан 1988-жылы «Өрүк гүлү» деген алгачкы чакан ыр жыйнагым жарыкка чыкты. Бул жыйнактын чыгышы менин да бир нерсе жаза аларыма ишенимимди пайда кылды. Кийин, 1993-жылы шаардык басмаканадан «Бар бол, Нооруз» деген ыр жыйнагым ошол кездеги Каракол шаарынын мэри Асылгүл Абдурехменованын каржылоосу менен жарык көрдү. Эч ойлобогон, күтпөгөн окуйалар көп эле болот турмушта. Бир күнү Ирландиядагы майыптар менен иш алып баруучу эларалык кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү келип, Караколдо эки күндүк семинар өткөрүп калышты. Ага мэрия тарабынан мени да чакырышкан экен. Алар аталган ошол менин китебимен элүүнү сатып алып, англис тилине которуп чыгарышарын, анан дүйнөдөгү майыптарга таратышарын билдиришкен. Айткандай эле бир жылдан кийин, 1995-жылы ал китеп Дублинден англис тилинде чыкканын расмий билдиришти. Бул мен үчүн өтө кубанычтуу болду. 1997-жылы «Үмүт – Жол», 1999-жылы «Кечигип келген махабат» деген ыр жыйнактарым, 2000-жылы «Бийиктик» басмасынын «Арбак куугунтуктаган адам» 2001-жылы «Свет в очах» ырлар жана ошол эле жылы «Сенсиз жашоо мүмкүн эмес көрүнөт» эсселер жыйнагы, 2002-жылы «Периштенин белеги» деген повесттер жана аңгемелер жыйнагым, ал эми 2007-жылы «Бейиттеги боз торгой» деген роман-эссемдин биринчи китеби жарыкка чыкты. Ушул чыгармамдын чыгышы менин чыгармачылыгымдагы бурулуш баскыч болду десем болот.

«Ж И Г И Т Т И Н    С Ө З Ү    Ө Л Г Ө Н Ч Ө  –  Ө З Ү    Ө Л Г Ө Н Ү    А Р Т Ы К»

Ошол «Бейиттеги боз торгой» окурмандар тарабынан өтө жылуу кабыл алынып, ушул күнгө чейин анын экинчи китебин сурап жүрүшөт. Ал эми китептин уландысы жазылып, даярдалганына жети жылдан өтүп калды. Тилекке каршы, каран калган каражаттын жоктугунан роман чыкпай турат. 2007-жылдан бери бир да китебимди чыгара албай келем. Кайсы бир жолугушууда азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров иниме кезигип, ушул көйгөйүмдү айткан элем. Ал айтты эле, «Мындан кийин сиздин китептериңизди мен чыгарып берип турам» деп кубантып, бир челек бакыт аралашкан сүйүнүчтү башымдан ылдый куюп жиберген. «Нысапсызга кашык берсе беш ууртайт болбоюн» деп, «Бейиттеги боз торгойдун» экинчи китебин ага ишенип даярдап бергем. Андан бери туура беш жылдын жүзү болду, баягы бир челек кубанычтын тамчылары сарыгып отуруп, кургап бүткөн. Анда-мында бир телефон чалып, байланышсам: «Кам санабаңыз, чыгат» деп коет болгону. Ошондон бери айла жок «кам санабай» эле жүрөм. Эмне демек элем, албетте, «кимдир бирөө мага жардам бербей койду» деп таарынууга менин кандай акым бар? Жөн гана ата-бабабыздан калгаан «жигиттин сөзү өлгөнчө – өзү өлгөнү артык» деген нар көтөргүс асыл жана накыл сөз менин үмүтүмө үмүт кошуп, ал үмүт биротоло өлүп калбаса экен деген ойдон эч арылалбай келем…

«Т А Л К А Л А Н Г А Н    Д Е Н – С О О Л У К Т У    К Ө Т Ө Р Ү П,
Ж А Н Е Т Т И    Ж Е Й М     Ө Р Г Ө    К А Р А Й    К Ө Ш Ө Р Ү П»

Кайсы бир ырымда ушундай саптар чыгып кеткен. «Талкаланган ден соолукту көтөрүп, жанетти жейм өргө карай көшөрүп» деп жаздым эле. Бара-бара өз турмуш- жашоомо, балким, өз тагдырыма канагаттанбоо, келечегиме ишенбөө пайда боло баштады бир учурда. Гезиттерден келген анча-мынча калем акылар, социалдык жөлөкпул менен өз алдымча үй-жай күтүп, жашап кете албасым жөнүндө ойлорго төө басты болуп, кыйналып жүрдүм. Анын үстүнө тыңыраак баса албаган, көбүнчө коляска менен жүргөн, же билими жок, же колунан бир иш келбеген мендей байкушка ким тиймек эле деген ой да бучкактап, күндүр-түндүр таштабайт. Акырындык менен баягы басмырт ойлор, көңүл чөгөттүк, «депрессия» деген кайра башталды. Ата-энемдин тырмалаңдап жүрүп тапкан нанын мен гана жеп, мен гана түгөтүп жаткандай сезип, дасторконго колум сунулбайт. Өзүмдү ошол үйдөгү, ал тургай бу дүйнөдөгү ашыкча жан, жатып ичер, жанбакты катары көрүп, өзүмдү өзүм жек көрөм. Бирок, бу жолу өлүм жөнүндөгү ойлорду жаныма жакын жууткум келген жок. Ошо өлбөй калган учурда ыйлап отуруп, өз ичимден Нургүлгө: «Эми мындай эссиздикти кайталабайм, менин алсыздыгымды кечирип кой» деп, кечирим сурагам. Ошондой күндөрдүн биринде кечки чайды ичип, көчө жаккы терезе түбүндөгү отургучта отурдум. Бул демейки көрүнүш эле. Биздин үй чоң көчөдө болчу. Бир маалда карасам айылдын четинде Каракол-Фрунзе каттамындагы чоң автобус келатыптыр, ал кезде автобустар төбөсүнө прожектор коюп алышчу. Аны карап отуруп, өзүм күтпөгөн, ниетиме келбеген ой көңүлгө тык этти. «Эгерде ушул автобус токтосо, Фрунзеге кеттим» дедим. Ордумдан шаша туруп, жолдун наркы жагына өттүм да, кол көтөрдүм. Айдоочуга: «Фрунзеге ала кетиңизчи, бирок, акчам жок» дедим. Ал мени бир саамга карап турду да, түш деди. Ошентип, шаарга келдим, чын эле чөнтөгүмдө бир тыйыным жок эле. Анда жаңы автовокзал жок, эскисинде жүрдүм. Анда-санда фонтандагы суудан ичип коем. Үч-төрт күн ошентип жүрдүм, ачкамын. Бир күнү вокзалдан басып отуруп, социалдык камсыздоо министирлигине келдим. Ал кезде министирдин орун басары биздин айылдык Садык деген киши экенин уккам. Ал кишини таап, ал-жайымды түшүндүрдүм, айылда жүрүп тажаганымды, колумдан келген бир ишке орношууга жардам берип коюусун сурандым. «Кайда туруп атасың» деген суроосуна вокзалда экенимди айттым. Кыскарта чапканда, ал кишинин жардамы менен калаадагы карылар интернатынан бир кичиней бөлмө бошотуп беришти, комсомолдун Борбордук Комитетинин кызматкери Жаныш Рустанбековдун жардамы менен «Кыял» бирикмесинин сувенир цехине жумушка алындым. Бул менин турмушумдагы адепки бурулуш эле, ал кез 1972-жыл болучу.

«К Ы Я Л»,   К Ы З Ы К    Ж А Н А   «Ы С Ы К»   К Ы Я Л Д А Р.

Адатта «Жолдуу жигитке ажалдуу кийик жолугат» деген сөз бар эмеспи, мунун чындыгына турмуштук бир жагдай ишендирди. Кайсы бир майрамдабы, же эмгек өргүүсүбү, азыр эсимде жок, айылда жүрүп калдым. Көчөдө баратсам бирөө чакырып калды. Кылчайсам, айыл мектебинин мугалимдеринин бири экен. «Ой, сен кайда жүрөсүң, сени издеп таппай жүрбөйбүзбү» деп калды. Көрсө мындан бир нече жыл мурда эле мени жумушчу жаштардын кечки мектебине каттап коюшуптур. Тигил агай кечки мектептин деректири экен. Экзамен да ортолоп калыптыр. «Аба, ырахмат, мектепке каттап койгонуңузга, бирок, мен китеп бетин бир күн ачпасам, эч кандай даярдыгым болбосо, экзаменди кантип берем, мурдараак билгенимде бир аз болсо да даярданбайт белем, экзамен бере албайм» дедим. Бир азга карап турду да, анан далымдан таптады: «Жолдугун жасап бере аласыңбы?» Мына ошентип, үч уктасам түшүмө кирбеген жерден бир жумага жетпей 11-классты «бүттүм» да, аттестатка ээ болуп калдым. Менин кыйындыгымды карабайсыңарбы, ошо «жолдугун жасап алган» аттестат менен жөн жүрбөй, Бишкектеги бир жылдык бухгалтердик курсту бүтүрүп, бухгалтерлик кесипке ээ болуп албадымбы. «Кыялда» алты жыл иштеп жүрүп айылга келдим. Кийин колхоздун архивинде, башкарманын катчысы болуп бир нече жыл иштедим. Ошо эки иште иштеп, андан тышкары башкармалыктын, парткомдун, комсомол комитетинин дубал гезиттерин чыгарып жүрдүм бир штаттык айлык менен. Башкарма айлыгыңды көбөйтүп берем деп, төрт жыл сүйрөдү. Бул ачыктан-ачык басынтуу, дискриминация болучу. Акыры колхоздон чыгып кеттим.

Ү Й,    Ү М Ү Т,    Ү Л Г Ү.

Жогорку окуу жайын мындай кой, мектеп босогосун аттап, башталгыч билим ала албасам да, 1989-жылы Ысык-Көл областтык «Ысык-Көл правдасы» газетасына машинка басуучу болуп ишке орноштум. Дал ошол кезде областтын жетекчиси Жумгалбек Аманбаев эле. Ал кишиге кирип, гезитте иштеп атканымды, шаарда үйүм жок экенин айтып, үй берүү жагынан жардам сурадым. Ал кишинин адам тагдырына кайдыгер карабагандыгы, чечкиндүүлүгү аркасында төрт айдынн ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эки бөлмөлүү үй алдым. Кийин ар кайсы гезиттерде кабарчы, адабий кызматкер, котормочу, адабият бөлүмүнүн башчысы, саясий баяндамачы («Бешене»), редактордун орун басары («Ысык-Көл үнү»), редактор («Бийиктик» басмасы) болуп иштедим. 2001-жылдан тартып, өзүмдүн чыгармачылыгымдан тышкары, башка авторлордун кол жазмаларын адеп компьютерге терип, алымча-кошумчасын киргизип, редакциялап, баш сөз жазып, басмага даярдоо багытында иштеп келдим. Ушул кезге чейин менин колумдан башка авторлордун 83 китеби даярдалды, алардын 71 китеби жарыкка чыкты. Булардын бардыгын термелеп айтып, мактанып, өзүмдүн кыйын, өзгөчө экенимди жар салайын деген ниетим жок. Жөн гана адамдын чыныгы каалоосу, умтулуусу, чыдамкайлыгы, жашоого болгон кумары көп нерсеге жеткирет деген ойду кыйыткым келет.

Адамдын көрө турган күнү, иче турган суусу, кечире турган өмүрү маңдайына жазылат дешет. Мунун канчасы чын, канчасы божомол экенин билбейм. Кээде ушуга ишене албай да кетем. Себеби, «маңдайга жазылганы ушул болсо эмне кылайын, же өлүп кетейинби» деп, мүңкүрөп отуруп калганымда эмне болот? Балким, базарлардагы азыркы кайырчылардын катарына дагы бирөө кошулмак. Кудайга шүгүр, андай болгон жок. Көп жыл мурда бир ырымда: «Кечир тагдыр, мен өзүңдү жасап алам кол менен» деп, өтө көтөрүңкү пафос менен ыр жазган экем. Балким, бул ошол учурдагы тагдырыма жасаган каршылыгым, кылган протестим болгондур. Азыр муну курулай шаңдануу, обу жок кайраттуулук үчүн гана жазбаган экемин деген ойго урунам. Анткени ошол убадамдын кандайдыр бир даражасын аткара алдым го деп ойлойм. Алгач 1978-жылы айылдагы бир келинге үйлөндүм. Андан эки уулдуу болдук, үчүнчүсү чарчап калды. Он жылдан кийин турмушубуз бузулду. Жан-дүйнөнүн боштугу, аялыма карата болгон тырмак агындай сезимдин жоктугу мени өз үйүмдөн чыгып кетүүгө мажбур кылды. Шаарга келип, батирге чыгып, андан мурда төрт жыл бою кат алышып жүргөн Оштук Гүлнара деген келин менен баш коштум.

Т А Н К А Д А Й    Т Е П С Е Г Е Н    Т А Г Д Ы Р.

Экөөбүз төрт балалуу болдук, бирок, эгиз кызымдын бири чарчап калды. Аттиң, канча кылганы менен тагдыр деген өз билгенин кыла берет тура. 1998-жылы Гүлнара катуу оорудан каза болуп калды. Бир жарымга келип калган кичүү кызымды карындашым, уулум менен кызымды Оштогу кайнежем алып кетишти. Шаң-күлкүгө толуп турган үйдө кош балдагым менен жалгыз калдым. Берки эки уулум интернатта окуп жатышкан. Мына, эми бардыгы бүттү деген төө басты ойлорго дагы кептелдим. Кыргыздар мындайда эмне кылчу эле? Ии, ошо… Мен дагы андан кыйгап өтө албадым. Анан «жыргализм» башталды, кудайдан жөө качкандардын баары меникинде, күндө майрам, күндө той. Ошентип, бир жылдан ашык гүүлдөптүрмүн, атаңгөрү. Ичкилик ичкенде ыйлап алмай адатым бар эле. Бир күнү тойлоп отуруп, сыртка чыккым келди, ал кезде тың басчумун. Борбор тарапка бараткам, адатымча ыйлап алсам керек, капысынан эле жанымдан: «Ай, уулум!» – деген үн угулду. Карасам отургучта бир кемпир отуруптур, негедир жиним менен: «Ой, эмне!» – деп кыйкырып жибердим. Ал киши кебелбей туруп гана: «Уулум, сенин азыр эмне ойлоп баратканыңды билим турам. Сен өзүңдөн жогоркуларды ойлобой, өзүңдөн төмөнкүлөрдү ойлоп, ошого топук кыл», – деди. Бирөө башка муштап жибергенсип, көзүм ачыла түштү. «Түшүндүм, апа, ырахмат!», – дедим да ары бастым. Сөзү кулагымда тынымсыз жаңырып, кайталанып жатты. Ого бетер өксүп ыйлагым келди, ошо бейтааныш апанын тизесин кучактап алып, буркурагым келди. Анча узай элек элем, кайра артка тарттым. Келсем – жок, таппай калдым. Негедир кийинчерээк жөн гана менин көзүмө көрүндү го деп ойлоп да койдум. Эмнеси болсо да ошол бейтааныш апанын сөзү сезимиме катуу сиңип, тынчтык бербей жүрдү. Мында чоң философия бар экен. Кыскасы, мен ошондон кийин жылдан ашык созулуп бараткан «акырындык менен өлүү» туңгуюгунан таза чыгып кеттим.

Өзүмдөн жыйырма төрт жаш кичүү дагы бир келинге үйлөндүм. Төрт жыл жашадык. Бирок, ал да болбоду, көп басып көнүп калган келин экен. Эртең менен кетсе кечинде, же эртеси келет. Менин ток отурамбы, ачка отурамбы – иши да жок. Кой дедим да, урушпай-талашпай ажырашып кеттик. Мурда жатакана тибиндеги көп кабаттуу үйдөн эки бөлмө үй алып койдум эле, ошону бердим. Кубанган бойдон кетти. Андан кийин, 2005-жылы Жайна экөөбүз баш коштук, ал менден он сегиз жаш кичүү. Кызыбыз быйыл экинчи класста окуйт.

Ошентип жүрөк согуп турган кезде бардыгы бүтпөйт экен. Жашоо улана берет экен. Кудайга шүгүр, төгүл-чачыл турмушка жете албасак да, өпчап пенсия менен анын жарытпаган айлыгы менен жашап келатабыз. Менин улуу кызым, Жайнанын кызы турмушка чыгышкан. Ал кызым төрт жылдан бери Москвада иштейт. Улуу баламдын эки уулу бар. Турмушка, тагдырга нааразычылыгым жок. Бул эми кооздук, кыйынсынуу иретинде гана айтылган сөз эмес. Анткени мен мындан кыйын, мындан оор кыйынчылыкта жашагам да. Бир өкүнгөнүм – чеке жылытпаган каражат үчүн көз майымды, ден соолугумду коротуп, он беш жылымды башка авторлордун чаң-топону аралашкан кол жазмаларына сарп кылганым. Ушунча убакытты өз чыгармаларыма жумшаганымда дагы көптөгөн чыгармаларды жазып алат белем? Эми өткөндү кайтара албайсың. Айрым калемдештерим оюн-чындан тигилерди: «Сатыбалдиевдин мектебинен чыккан акын-жазуучулар» деп коюшат. Ошондой болсо деле ара-чолодо бир кыйла чыгармаларды жазууга үлгүргөн экем. Аларды өз-өзүнчө жыйнак кылып даярдап койдум. Көлөмдүү беш жыйнагым турат. Буйруса, алардын да жарыкка чыгар күнү болуп калар деген үмүттөн ажырай элекмин.

С Ө З    С О Ң У.

Ушундай. Айагында айта турган жыйынтыктоочу сөзүм бул. Жогоруда баса белгиленип айтылды, атайын жогорку окуу жайда окумак турсун орто же башталгыч мектептин босогосун аттабаган «Бейне» коногу Мусакун (Даанышман) САТЫБАЛДИЕВ абабыздын көптөгөн чыгармалары англис, монгол, орус, кытай, казак жана түрк тилдеринде жарыяланган. Өзү да башкалардын чыгармаларын тынбай которот. Поляк жазуучусу Б. Вырыпаевдин «Дели бийи», М. Задорновдун «Соңку аракет» аттуу пьесаларын жетик жана таамай которгон. Алар азыр «Сахна» этно-фольклордук театры тарабынан сахнада коюлуп жатат. Мындан тышкары онго жакын кандидаттык, докторлук диссертацияларды кыргыз тилине оодарган. Бишкектеги айрым акындардын ырларынын орусча сөзмө-сөз котормосун (подстрочнигин) жасап келет.

Кыргыз Жазуучулар Сойузунун, Кыргызстан Жаштар сойузунун Борбордук Комитетинин бир нече Ардак грамоталары, Ысык-Көл обулустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана «Мактоо баракчасы» жана акчалай сыйлыктары менен сыйланган. Андан тышкары бир нече гезит редакцияларынын Ардак грамоталарынын татыктуу ээси. «Алтын көпүрө» адабий сыйлыгын алган. 2013-жылы Саруу айыл өкмөтү «Саруу айылынын Ардактуу атуулу» деген наам ыйгарган. 1996-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Үй-бүлөлүү. Өмүрлүк жубайы Жайнагүл Ысык-Көл обулустук ооруканада эмгектенет. Төрт уулу, төрт кызы, эки небереси бар.

Он-лайн маек алган жана “Бейнени” дайардаган автор Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист, Финляндия, Келсинки шаары. 14-апрель, 2015-жыл.

Эскертүү: Макала маекти автордун жана сайт
ээсинин уруксатысыз алууга тыйуу салынат.

2 thoughts on “Бейне..

  1. Мусакун ага, сиздин жашооңуз, сиздин басып өткөн жолуңуз жаштарга өрнөк! Сиз – чыгарманын башкы каарманысыз, жана сиздин руханий дүйнөңүз окурмандарыңызды дайыма алдыга сүрөп, кыйынчылыкта өбөк болот! Ылайым, чыгармаларыңыз сиздин экинчи өмүрүңүздү тартууласын! Терең урматтоом менен, карындашыңыз – Жылдызай.

  2. Мусаке,
    Сизге жана қайратыңызға,
    талантыңызға,
    тағдырыңызға,
    турған турпатыңызға менин инсандық таазимимди қабыл алыңыз?

    Сизди,
    биз жэ биздин қоом менен өкмөт жана бийлерибиз татықтуу сыйлай албаған болсоқ,
    алты саны аман адам жасай албаған эмгектерди чығармаларды жаратып түбөлүккө из қалтырып,
    өзүңүздү өзүңүз түбөлүктүү “баатырдыққа тете” сый менен сыйлап қойуптурсуз!

    Сизди,
    урпақ қалтырып, Жаратқаным да татықтуу сыйлаптыр.

    Сизге суқтануу аздық қылат Мусаке.
    Сиз, бақтылуу да, баатыр да инсансыз Мусаке.
    Ушул ырғағыңыздан қайтпаңыз.

    Сиздей баатырларды таап, бизге тааныштырған Асыкеге да ыраҳмат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *