Табылга..

ээ 75УУЛКАНДЫН УЙКАШТЫКТАРЫНАН
«ЫР КУРАМА» ТОКУЙБУЗ!..

Бекер отурганча бекер ыр жазалы Көчмөндөр!. Айтмырза агайыбызды калыс болуп берүүсүн сураналы. Төмөндө жазылган сөздөр, биринчи, экинчи, төртүнчү саптардын эң акыркы уйкаштыктарын аласыздар.
Ал эми үчүнчү сап эркин жазылат.
Кана эмесе баштаңыздар.
Жаңы чыккан жандуу ырларга өмүр берели!

«Ы Р   К У Р А М А»

******************************************************************

ээ 85

*****************************************************************************************************************

ээ 63Керимбек КАДЫРКУЛОВ, Маскөө шаарынан.
Арманымдан бир заматта арылып,
Издегеним сүйүндүрүп табылып.
Мына эми кармаар кезде жок болдуң,
Кеткен өңдүү дайра менен агылып.

Өмүр бойу сени издеп дегдегем,
Сенден мага салам келчү жел менен.
Дагы деле издеп жүрөм түңүлбөй,
Сүйүү менен алпурушуп келбеген…

Асыран 1Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан.
Ошол күндөр, сарсанаадан арылып,
Оңбогондой ой-максаттар табылып.
Оо мезгилим, тагдыр сенин колуңда,
Ошондуктан, тынбай барат агылып!.

Сүйгөм алгач, сүйүнгөмүн, дегдегем.
Сүрдөп жүрөк, кайкып учуп жел менен.
Билбептирмин, сүйүү, алтын балалык,
Бир жарк этип, артка кайтып келбеген!.

ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ, Өзгөн районунан, Ош обулусу.
Аял барда арамдыктан арылып,
Мээриминен аруулуктар табылып.
Таң калыштуу аял деген дүйнөдөн,
Жылуу сезим келе берет агылып.

Бул дүйнөнү бала кезден дегдегем,
Жылуу мээрим келчүү эле жел менен.
Аттиң дүйнө! Унуткансып өзүмдү,
Ал керемет кайра мага келбеген .

********************************************************************************
Оо, аялзат, кереметтүү асылдар,
Сулуулар деп айтууга да акым бар.
Аял деген өтө ыйык баарынан,
Мына ушундай кереметтүү затым бар.
********************************************************************************

Жамгыр жааса жамандыктан арылып,
Кыялданам жакшы ойлор табылып.
Жаай берсе шатыратып жамгырым,
Ырлар келет агын суудай агылып.

Оо, кудрет! Ушул күндү дегдегем,
Сулуулуктар келе берет жел менен.
Гүл кулпуруп бир татына ачылса,
Келет ойлор кыялга да келбеген.

********************************************************************************
Аздан-аздан өткөндөрдөн арылып,
Дегдегеним туш келди го табылып.
Жараткандын бул да болсо белеги,
Бакыт келди катарлаша агылып.

Нечен жылдап бул маанайды дегдегем,
Келди күтүүм маанай ачкан жел менен.
Бул бакытка мен аябай мас болдум,
Өмүрүмдө мындай бакыт келбеген.

ээ 74Нурланбек КАЛДЫБАЕВ, Ош шаарынан.
Качандыр бир кусалыктан арылып,
Калса экен бир дабаасы табылып.
Көөдөндөгү толкундаган бук -арман,
Көөдөй түнгө сиңип кетмек агылып.

Кыр үстүндө чуркасак деп дегдегем,
Кыялдарым жарышкандай жел менен.
Көмүлсөк деп бакыттын кучагына
Күндү эңседим, башка санаа келбеген…

0Мусакун САТЫБАЛДИЕВ, Каракол шаарынан.
Уулкандын жакшы демилгесин азыр эле көрдүм. Сегизинчи марттын жарымына жетип-жетпей төшөккө куладым эле, эми баш көтөрдүм. Жазгы оорубу, же суйкайган айымдардын сугу өтүп кеттиби, ким билсин, айтор катуу жыгылдым. Дегеле бу желөпкө кишиге айла жок тура, ар бирине жагалданып гүл сунуп атып… Тигине, Айтмырза аксакал, Калмамат, Бектурсун анан Асырандар алда канча эстүүлүк кылышып, айымдарды дүңүнөн куттуктап коюп “соо калышты”. Алардын баштарынан да мындай учурлар эчен өткөн да. Азил-чыны аралаш дегендей… Эми мен да элди туурап, өз калыбына дале келе албай кеңгиреген баш менен эки куплет курадым, окуп кой, Уулкан. “Сүйрүпризден” деле үмүт этпейм. Элден калбайын деген эле кеп.

Көртирликтин көйгөйүнөн арылып,
Чолпон жылдыз капысынан табылып.
Жазгы ташкын сымалданып үйөрлөп,
Жан-дүйнөм бүт ошол жакка агылып.

Өмүр бою бир жакшылык дегдегем,
Учур болгон мен жарышкан жел менен.
Асманда эмес жерде гана жүрүптүр,
Ошол жылдыз мага көпкө келбеген…

ээ 36Уулкан АМИРАЕВА, Маскөө шаарынан.
Сүйүү менден эбак кеткен арылып,
А мен издейм калаар сыңдуу табылып.
Көлдөй чалкып жүрсөм толкун сыяктуу,
Көлдөй болуп кетиптирсиң агылып.

Мунум анык! Сүйгөм дагы дегдегем,
Сапырылып учкам салкын жел менен.
Кучагымды жайып күтсөм сүйүүнү,
Кайгысы жок жалгыз өзү келбеген.

ээ 62Улан КОШАЛИЕВ, Бишкек шаарынан.
Көйгөйдөн арылып,
Көп акча табылып,
Көп кыздар мени аңдып,
Келишсе агылып.

Деп ойлоп, дегдегем…
Дуу учкан жел менен,
Дайны жок бул кыял,
Дегеле келбеген…

ээ 24Анара БАЙЧУКУЕВА, Бишкек шаарынан.
Санаалардын желесинен арылып,
Оо үмүтүм, келээр белен табылып.
Күтүп жүрөм мезгилдерге карабай,
Келишиңди булак сымал агылып.

Оо үмүтүм, табам го деп, дегдегем,
Шыбырагам шамалдарга, желге мен.
Жеткирбеди, жел-шамал да кызганып,
Үмүтүмдү, эңсеп жүргөн, келбеген!.

ээ 75Сайрагүл ЖОЛБОРСОВА, Маскөө шаарынан.
Түйшүктөрдөн кетким келди арылып,
Түмөн ойлор, көңүлүмдө табылып.
Бара жатам, жүрөгүмдү кочуштап,
Элдер баскан, жолдор менен агылып.

Бир өмүргө дидарыңды дегдегем,
Билсең эгер, бара жатам жел менен.
Сүйүүлөрдүн көзү сокур ,окшойт ээ?
Мындай сезим, мурда неге келбеген?
**************************************************************************************
Эшек жебе, арамдыктан арылып.
Деп турганда, арабыздан табылып.
Кайдан билдик эшек эти экенин..
Сатышыптыр, «Эшек каны» агылып.

Кыргызстанда эшек эти жок -деп дегдегем.
Буруксуган каны келди, жел менен.
Билдим эми, Эшек эти экенин.
Үч уктасам, түшкө дагы кирбеген!
**************************************************************************************
Ыпластыктан жүрөлүчү арылып,
Ыйманыңар кеч болсо да табылып.
Өлкөбүздө жашоо кыйын болгондо,
Туш тарапка чачырадык, агылып.

Жакшы жашоо болот дегем, дегдегем.
Кыйын күндөр кайдан келди жел менен?
Аял сыртта, эркек казан кармашып,
Мындай күндөр түк ойума келбеген.
**************************************************************************************
«Эне» деген ыйык сөздөн арылып,
Бөбөгүңдү сатканга жан, табылып.
Наристеңди таштап качтың неге сен?
Эне сүтүң зыркырады, агылып.

Кыргыз кызы, ыймандуу – деп дегдегем,
Айткандарым кайда учту, жел менен.
Өз канынан жаралган өз балдарын,
Таштап качат, деген ойлор келбеген.

ээ 62Гүлжакан МАВЛАНОВА, Бишкек шаарынан.
Арам тамак, арсыздардан арылып,
Арабыздан хан Манасы табылып.
Алыстаган ырыс алды ынтымак,
Аруу элге келсе экен деп агылып.

Кыялымда көктөн тилеп дегдегем,
Кыянаттар жоголсо деп жел менен.
Кыргыз элим кең пейилдүү баатыр эл,
Кычыктанган «кылына» тең келбеген…

Кыргыз аман, кылым аман, жер аман,
Кыргызымдан кыйыр эли тараган.
Кыйааматта кырк жыл кыргын болсо да,
Кыргыз элин кызыр колдоп сактаган.

ээ 61Гүлчехра УУЧИЕВА, Маскөө шаарынан. Мигрант ыры.
Муктаждыктан калайын деп арылып,
Алыс жактан калган жумуш табылып.
Бет алганмын кең Маскөөгө мен дагы,
Көп мигранттын катарында агылып.

Орус шаарын көрүүгө көп дегдегем,
Кыялдарым алып учуп жел менен.
Сыналгыдан көргөн кызыл аянтта,
Басып жүрүү оюма да келбеген.

ээ 75Сайра БАТЫРКУЛОВА, Бишкек шаарынан.
Буулуктурган сезимдерден арылып,
Бир үзүм күч кайратыма табылып.
Буурул таңда Бакыт издеп жөнөдүм,
Боз туманга аралашып, агылып .

Бул учурду далай жолу дегдегем,
Бут дүйнөнү кыдырам деп жел менен,
Бүтүм кылдым , милдеттүүмүн, акым бар,
Өзүм барам, БАКЫТыма келбеген!.

ээ 66Шайырбек ДОСБОЛОВ, Баткен обулусунан.
Акылдан арылып,
Айбандык табылып.
Ат кылды, эшекти,
Арам кан, агылып.

Жейм деп дегдегем,
Жыт келсе жел менен.
А эми самсага,
Табитим келбеген.
* * *
Көңүлдөн арылып,
Көр жандар табылып.
Көчмөн эл көчүштү,
Көч болуп агылып.

Өрт болуп дегдегем,
Өчтү ал жел менен.
Өкүнөм; айылдан,
Өзгөргүм келбеген.
* * *
Жүдөөдөн арылып,
Жүрөгүм табылып.
Жөнөймүн сен жакка,
Жылтылдап агылып.

Өпсөм деп дегдегем,
Өптүм көп жел менен.
А бирок тартынып,
Айткым эч келбеген.

ээ 75Назима АЛМАЗБЕКОВА. Ош шаарынан.
Азап тарткан оор түйшүктөн арылып,
Алат элем, калса шерик табылып.
Арыш таштап келечекке максатсыз,
Акыр-чикир… Кошо барам агылып.

Августтарда бой жетем деп дегдегем,
Аңкып жытым тараар эле жел менен.
Арман жашоо, ыргытты го бир тиштеп,
Алкаш киши, адал жолго келбеген!.

Айтмырза (2)Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Бишкек шаарынан.
Ырлардын эмнесине көңүл бурулат?
1. Көркөм сөздөр кынапталып, орду-ордуна коюлушу.
2. Ырдагы жаңы табылгалар…
3. Ырдын мазмуну жана бир бүтүндүгү.
4. Муун өлчөмдөрүнүн ар сапта туура сакталышы. («Размер стих» дешет орустар)
5. Уулкан берген уйкаштыктардын сөзсүз берилген катары менен сакталышы..
6. Кыргыз ӨҢҮ менен катасыз жазылышы. ж. б.
Бардык акын атпайга ийгилик!

Анча-мынча көп түйшүктөн арылып,
Анткен менен да жаңысы табылып,
Турган кезде кычашат эй ырлар да,
Тоо суусундай күү-шаа болуп агылып…

Бул сынакка катышсам деп дегдегем,
Бүт каалоом учту, кетти жел менен.
Кантет элем баалайт экем ырларды,
Калыс болуу такыр ойго келбеген!.

ээ 75Алтын ТУРГУНБАЕВ.
Кайгы муңдан калган кезде арылып,
Кайдан чыктың, азап болуп табылып.
Жообун берчи кылыктанып, назданбай,
Сен жөнүндө ырлар кетти агылып.

Сени күтүп сени гана дегдегем,
Ырлар жазып, кат жөнөтсөм жел менен.
Кандай кызсың кылыктанган обу жок,
Кайра-кайра чакырганга келбеген.

ээ 75Эрлан ТАГАЕВ.
Байоо сезим балалыктан арылып,
Алгач сүйүүм капилеттен табылып.
Көз ирмебей нечен таңдар атты го,
Жетпей сага көздөн жаштар агылып.

Түбөлүккө сени гана дегдегем,
Аккуу сымал кайкып мелүүн жел менен.
Билсем кана мендик эмес экениң.
Кайып болуп кетээр белем келбеген.

ээ 75Гулжигит АБДИБАИТОВ. Бишкек шаарынан.
Тындым кургур, бойдоктуктан арылып,
Кыялдагы издегеним табылып.
Ар бейшемби баш багамын бейишке,
Маңдай терим жаак ылдый агылып.

Бул күндөргө жетсем дегем, дегдегем,
Кыялдарым кубалашып жел менен.
Бирок аттиң, бейиш менен жанаша,
Тозок оту бары эске келбеген!…

ээ 31Азирет КЕЛДИБАЕВ. Санкт-Петербург шаарынан.
Жүрөк кургур санаалардан арылып,
Балкып турам бакыт кушум табылып.
жан-дүйнөмдү кыштан жайга оодурду,
Канатынан күндүн нуру агылып.

Мен Перимди түштө көрүп дегдегем,
Кээлер эле түркүн түстүү жел менен.
Түшүм өңгө айланарын чын айтсам,
Он толгонсом ойума да келбеген..

ээ 24Кайырбүбү ЧОЛПОНКУЛОВА. Бишкек шаарынан.
Санаадан жүрөк арылып,
Дартыма даба табылып.
Кемесин айдап сүйүүнүн,
Кетсекпи бирге агылып.

Келет деп сени дегдегем,
Саамайың сылап жел менен.
Күттүрүп кайда жүрөсүң,
Эңсетип коюп келбеген.

ээ 64Айсалкын СООРОНБАЕВА. Маскөө шаарынан.
Кыргыз элим кризистен арылып,
Интерполдо изделгендер табылып,
Өкүм сүрүп бейкут жашоо өлкөдө,
Турсун дайым кут-ырыскы агылып.

Тилек кылып жакшы күндү дегдегем.
Дегдеттирген ойлор учат жел менен.
Эр жигиттер намыстан чеп курушсун,
Чепти бузуп, душман жортуп келбеген.

ээ 95Айжан МАМАСАДВКОВА. Маскөө шаарынан.
Сабыркаткан санаалардан арылып,
Сары оорума калды дары табылып.
Садагам ай, себеп болдуң ага сен,
Сүйүүм сага дайра болуп агылып.

Сени сүйүп, сени күтүп дегдегем,
Саамайыңдан сылап өтөм жел менен.
Мынча неге ойлой берем сени эле,
Мындай сүйүү башта мага келбеген.
****************************************************************************************

Гүлгаакы. Бишкек шаарынан.

Кусалык, кайгылардан арылып,
Эңсегеним, тилегеним табылып.
Жаратканым белек кылды УУЛУМДУ,
Кубанчыбыз кош дайрадай агылып!

Ушул күндү көптөн күтүп, дегдегем,
Кубанчыбыз, учуп кетти жел менен.
Мөгдөп калдым, эки эмчегим зыркырап,
Боздосом да, жалынсам да аттиң арман…
Эми УУЛУМ – кайра кайтып келбеген!…

айырКулпунай АБДУЛЛАЕВА. Маскөө шаарынан.
Бала кезде, баардык иштен арылып,
Чүкө ойноого жаңы достор табылып.
Кырып алышты, уткурдум болгон чүкөмдү,
Көз жашым төктүм, мурдумдун суусу агылып.

Фишкадан топтоп, күнүмдү эңсеп дегдегем,
Ойлогон ойлор, учуп бир кетти жел менен.
Аттиң ай соонун, балалык кез, мунарык,
Көз жашың көлдөп, жалынсаң да келбеген.

13 thoughts on “Табылга..

  1. Ар бир ақынға, менден; қол чабуу! Балли, баарыңыздарға жана ушундай ыр букет уйуштурған Уулқан айымға.

  2. Кусалык, кайгылардан арылып,
    Энсегеним, тилегеним табылып.
    Жаратканым белек кылды УУЛУМДУ,
    Кубанчыбыз кош дайрадай агылып!

    Ушул кунду коптон кутуп, дегдегем…
    Кубанчыбыз, учуп кетти жел менен,
    Могдоп калдым эки эмчегим зыркырап,
    Боздосом да, жалынсам да аттин арман…
    Эми УУЛУМ кайра кайтып келбеген…

  3. Баарыныздардан кечирим сурайм, анткени бут жазылган чыгармалар копчулугу суйуу сезимдери тууралуу болсо, а мен маанайыныздарды бузуп, бул жашоодо болгону алты жыл гана жашап кеткен УУЛУМду жазып койдум окшойт. Эне журогун тушуносуздор дер ойлойм…

  4. Кечиресиз Гүлгаакы айым!
    Сиз эгер мүмкүн болсо өзүңүздүн эл. дарегиңизди жазып койсоңуз бул жерге..

  5. Мен сиздин ырыңызды жогорку ырларга кошуп койдум. Сүрөтүңүз болсо жакшы болот эле?
    Сиз “Фейсбкута” катталгансызбы? Эгер каатталган болсоңуз “Кыргыз Көчү” деген топ бар, ошого келип кошулсаңыз болот. Табылгага ошол “Көчмөндөрдүн” демилгеси менен “Көчмөндөрдүн” ырлары жазылган..

    Бул “Фейсбуктагы” биздин дарегибиз: https://www.facebook.com/groups/kyrgyzkochu/

  6. Кандайсың асыран? Көптөн бери кирбей бул бетти сагынып калыпмын. Ыссык саламым менен кошо бир поэма кетирип коеюн. ээ?

    Сагын эненин муңу…
    (поэма, казал)

    Кантип уктум,
    Мындай зарын эненин.
    Ошол күндөн,
    Уктай албай келемин…

    Өгөй да болсом мейли эле,
    Өзүңдү неге жекирдиң ботом.
    Боортоктоп жатам туралбай,
    Боюмду койчу түзөтүп ботом.
    Бой жеткен кезде томсортуп,
    Бөтөнгө койдуң күзөтүп ботом.

    Бойтойгон чагың көзүмдөн учат
    Боюмду керип, жайганым кучак.
    Боорумду жеди куураган ооруу…
    Болсочу салбай кууратып тузак.
    Бөтөндөр карап калганча минтип,
    Боору таш ажал алсачы курчап.

    Эзилип жаным сөгүлүп барам,
    Эңсөөмдү Теңир канткенде табам?
    Ээн үйдө минтип зар какшап жатам…
    Энем! – деп, келсе канакей балам.
    Эгем бир өзүң эсине келтир,
    Элжиреп жүрөк, айыксын жарам.

    Боорумдан чыккан боздотту кокуй,
    Бөтөндөр болду боюма тирек.
    Какшаткан эне жүрөгүн кокуй,
    Кай эненин түшүнө кирет.
    Бой жеткен кезин күтпөдүм беле…
    Болот деп мага жөлөк да, тирек!

    Суз тартып жүрөк сыздап бир турат,
    Суу болуп аккан ыйды ким угат?
    Бечара болуп төшөктө жатам,
    Бөтөн бир келин көйнөгүм жубат.
    Анан да кирип байма-бай үзбөй,
    Турганын кантем абалым сурап.

    Төрт шыпты тиктеп эрте да, кечке,
    Карааның күтүп жатканым жаткан,
    Ай эмес, түндө тиленип жатам.
    Басып бир калса көгөргөн асман.
    Кай доордо деги туулду экен,
    Энесин таштап талаага качкан?!

    Кор кылбай сени бакпадым беле,
    Же, балам айтчы, уктуңбу жеме?
    Жериңди жээрип алыска кеттиң
    Бөтөн жер сага өз энең беле?
    Чала өлүк болуп жатканым кайсы,
    Бере сал мага, ууңду келе?!

    Ойлонбой кантип батырам күндү,
    Ой менен күндө тытмалай түндү.
    Боорукер элең кичине кезде,
    Боруңду жедиң…күнөөлөйм кимди?
    Оюңа келген иштерди жасап,
    Ошондо эле болду, көрбөсөң бирди…

    Кандай күндү көрүп жүрүң ал жакта,
    Келгендерден абалыңды коем сурап.
    Кандай кылам, кай зоого барып урунам,
    Каралдым ай, жаманыңды укпасын кулак.
    Жарылып кетсе кара жер азыр,
    Ойлонбой кирип кетким бир турат!!!

    Жамандыгың көргөнчө,
    Кашайып көзүм калсачы.
    Жашоонун кайсы кызыгы,
    Жанымды ажал алсачы.

    Эс тарткандан эсирип,
    Эзгилеп мени келесиң.
    Өгөй да жанды сүйүнтөт,
    Өрттөнгүр кандай немесиң.

    Акылым жетпей айран таң,
    Акылыңа качан келесиң?
    Эсиңе келчи балам ай,
    Элдин бир укпай жемесин.

    Бөтөнгө катуу айтпагам,
    Өзүңдү кантип каргаймын.
    Көгөрүп араң турамын,
    Көчүп бараткан жардаймын.

    Көрүнүп көзгө калганда,
    Көгөрбөй жалгыз бутагым…
    Көөдөндө оор муң жатат,
    Көрсөтпөй элге жутамын.

    Теңирим берген жалгыздын,
    Тагдырын ойлоп жоктоймун.
    Күндүзү күлөм сыр бербей,
    Таң атканча боздоймун…

    Оюң менен болупмун,
    Күнөөнү издейм өзүмдөн.
    Өзөгүм жүрөт өрттөнөп,
    Көз жашым кетпей көзүмдөн.

    Өзгөлөр сени мактаса,
    Өзүмө өзүм батпадым.
    Жаныма батты кылыгың…
    Жалгызым! Сенби, тапканым?!

    Жаман жагың укканда,
    Жарылып барып, токтодум.
    Күткөнүм сенден ушулбу?
    Күбүлүп күлүм, жок болдум.

    Жашоо токтоп калгандай,
    Кыя албай турдум жанымды.
    Тирүү өлүк мен болдум,
    Ким сурайт эми алымды?

    Оңолоор болсоң кургурум,
    Ошондо эптеп жетээрмин.
    Түңүлтчү болсоң анда да…
    Түбөлүккө шондо кечээрмин.

    Кайра эле өзүм күнөөлөйм,
    Жүрөк кыйбайт нетейин!
    Карыганда кол сунбадың,
    Каңгып кайда кетейин.
    Не дейин… не дейин…

  7. Кетти Залкар…
    (СССРдин Эл артисти Капар Медетбеков агама)
    07.11.1930 – 25. 06. 2012-ж.ж.

    2011 – жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын чечими менен СССРдин Эл артисти Капар Медетбековдун ысымы Талас областык драма театрына ыйгарылды. Учурда театр Капар Медетбеков атындагы Талас областык драм театры деп аталат.
    Элине эбегейсиз эмгектерди жасаган, залкар артист, Куттуу сахнанын Алпы, СССРдин Эл артисти Капар Медетбеков 2012 – жылдын 25 – июнда 82 – жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

    Кетти Залкар,
    Баарын таштап дүйнөңө.
    Эч ким калбас,
    Устун болуп дүйнөгө.
    Учурунда түбөлүктүү сезилген,
    Калат тура театр да дүйнөдө.
    Дүйнө! Дүйнө!
    Дүйнө… дүйнө… оо, дүйнө…
    Кетти пендем,
    Кетти кыйбай сүйлөнө…

    Жаны дагы ,
    Жашоосу да, баарысы.
    Сахна болчу,
    Ары дагы, намысы.
    Улум улам,
    Бийиктикке кол жетип…
    Эмгек терин,
    Төгүп келген жан ушул.
    Кылчайганын…
    Сахна дагы сездиби?..
    Сен кайда?! – деп,
    Бир силкинип кеттиби.
    Жер термелди,
    Сахна кошо термелди.
    Муңду созду,
    Ар бир баскан жерлери.

    Чоң артистин,
    Баскан изи дешчү эле.
    Чоң ой басып,
    Абам шашпай кетчү эле.
    Аны жандап,
    Бирге баскан кездерде.
    Менин дүйнөм,
    Эл артисттей! – сезчү эле.
    Азыр ар бир,
    Кадамдарды санаймын.
    Капар абам,
    Келаткандай караймын.
    Сиз таптаган,
    Артисттерди көргөндө.
    Залкарым! – деп,
    Ар ишиңди баалаймын!

    Ар күн эрте,
    Театрдын алдында.
    Иштер көп! – деп,
    Айтчу элеңиз алдыда.
    План! План!..,
    40 – жылдап Нарынды.
    Маскөө, Кавказ…
    Сүйрөп келдиң алдыга.
    Сиз таптаган,
    Канча, канча артисттер.
    Эмгегин да…
    Эл артисти алды аба.
    Аба, аба…
    Байке дебей аба деп.
    Бизде байке,
    Бул Нарындан калган кеп.
    Эми таштап,
    Байке, аба, баарысын.
    Залкарым! – дейм,
    Сөздүн тандап маңызын.
    Залкарым! – деп,
    Кантип айтпайм абаке.
    Сен калтырган,
    Эмгектериң чоң себеп.

    Сиздер барда…
    Толуп турчу дүнүйөм.
    Кең Нарындын,
    Сахнасында жүрдүм мен.
    Бирде атам, бирде агам,
    Каары катуу кайната.
    Бирге ойноп,
    Бир сахнада күлдүм мен.
    Түз жүр! – деген сөздөрүңдү,
    Кыт куйгандай,
    Көңүлүмө түйдүм мен.

    Ыраазымын,
    Айткан акыл, насаатка.
    Уккан киши,
    Улуу тоону ашат да.
    Алмаз экөөң,
    Алпештедиң баладай.
    Устатынан,
    Шакирт бир күн ашат да.
    Жаратканым,
    Жазбай берсе энчисин.
    Ошол шакирт,
    Устат оордун басат да.

    Чыгармачыл,
    Тагдыр бизди кошкону.
    Бир сахнабыз,
    Бир үйгө да окшоду.
    Кеткен кезде,
    Он экибиз Нарындан,
    Кутту сахна,
    Ошондо бир жоктоду.
    Мында келип,
    Кайра баштар кошулду.
    Сахна! Сахна!
    Бийик обон созулду.

    Кеңеш эже, Бакы аба,
    Алмаз, Тома, Калыбек,
    Замирабыз дагы бар.
    Таалай, Турду, Турганы,
    Азат, Сайра, Батмалар,
    Жеңем баштап, баары бар.
    Оо, бир чоң үйдүн,
    Балдарындай басчу элек.
    Эски ооруу калмак беле…
    Мында дагы,
    Капар агам өзү баштап,
    Аста артисттерди таптап,
    Жыртык, тешиктерди…
    Билгизбей, бир – бирине чаптап.
    План! План! План! – деп,
    Мында да чаңып жатчу элек.

    Эми…
    Эми сиз жоксуз да ээ?..
    Сыртта дагы өкүрүк.
    Нарын… нарындыктар…
    Артисттер келди өкүрүп.
    Көшөгөнүн артында,
    Жатканың ай суналып.
    Артисттериң келип жатат,
    Өңдөрү суз кубарып.
    Талас, Кең Чүй, Ысык – Көл,
    Нарын, Бишкек, Ош, Чүйүң…
    Чоң артист! – деп, атың уккан,
    Жалпы кыргыз, эл – журтун,
    Коштошуп жатты, Залкарым!
    Бутуң жеткен, баардык сахна…
    Боздошуп жатты – Залкарым!
    Кандай дешсе баарысы,
    Окшошуп жатат – Залкарым!
    Кут төгүлгөн Шекериң да,
    Коштошуп жатат – Залкарым!
    Анан саамга томсоруу…
    Бири бирин сооротот,
    Эмгегин айтып Залкардын!!!

    Атың калган театр,
    Куттуу болсун – Залкарым!
    Адам изи үзүлбөй,
    Журттуу болсун – Залкарым!
    Уучуң сенин кур эмес,
    Урматтуусуң – Залкарым!
    Кыргыз барда кылымга,
    Кымбаттуусуң – Залкарым!
    Улуу Манас чокудан,
    Канат жайган – Залкарым!
    Театрдын дүйнөсүндө,
    Анык балбан – Залкарым!

    Кең Таластын боорунан,
    Жарып чыккан – Залкарым!
    Кең Ааламга – Лир! – болуп,
    Жанып чыккан – Залкарым!
    Тоолуу Нарын сахнасын,
    Көкөлөткөн – Залкарым!
    Кыргызымдын мендей кызын,
    Бөпөлөткөн – Залкарым!
    Далай – далай жаштарга,
    Насаат болгон – Залкарым!
    Кылымдарга кымбат ишиң…
    Казал болсун – Залкарым!
    Эмгегиңди эл унутпай,
    Дастан болсун – Залкарым!

    27 – июнь. 2012 – жыл.

  8. Сендеги талант келген улуу тоолордон
    (Сүрөтчү Шарип Жайлообаевге)
    1960 – 2013-ж.15.03.

    … Этюднигин асынып,
    Иш калды деп ашыгып.
    Театрга келе жаттың,
    Сүрөтчү жигит шашылып…
    Баарыбыздын жүрөктөрдө,
    Калды элесиң катылып.

    Афишаны көрө калып,
    Бүгүн сени эстедик, Шаке.
    Театрдын жүгүн көтөргөн,
    Өз ишиңдин устасы элең.
    Ар биринин тилин тапкан,
    Кенжелердин – Устаты элең!

    Билем, сендеги талант,
    Келген улуу тоолордон.
    Ак – Сай, Арпа мекениң,
    Батасын берип жаткандай.
    Аткарылып тилектер,
    Ар күнү ишке ашкандай.

    Ак чокулуу, Теңир тоо,
    Арасында өскөнүң,
    Бой жеткенде сапар алып,
    Кең борборго көчкөнүң.
    Ийниңден түшпөй этюдник,
    Ийгилигине жеттиң көксөөнүн!

    Театр, кино, көргөзмө,
    Баарына колуң жеткенде…
    Бөлүнүп кеттиң тобуңдан,
    Максаттар ишке өткөндө.
    Теңирдин тура буйругу..
    Айтчу элем го, эсиңдеби?
    – Шаке, жашты көп көрбө!

    “Бактылуу болгум келетти”,
    Баштайбыз деп калышты.
    Биринен сала бири улап,
    Сенден кепти салышты.
    Шарип болсо, минтмек деп,
    Бир каткырып алышты.

    Ооба, сенин кыялыңда,
    Кызыктарың көп эле.
    Кесибиңе бул кыялың,
    Эгизиңдей төп эле.
    Кандай басып, сүйлөсөң да,
    Баарысы сага эп эле.

    Алыстан көрүп,
    Илинип турган сүрөттү.
    Ой! Шарип го?!.. – деп,
    Ошол жакка басышты.
    Анан сени эстешип,
    Ырларды окуп жатышты.

    Ар убак сени артисттер,
    Эстеп коюп турушат.
    Баскан – турган кызыгыңды,
    Айтып кептен курушат.
    Каткырышып бир топко,
    Анан оор тунжуроо…

    Көрсө, Шаке… тирүүлүк…
    Өтө кыска тарбайбы.
    Жаткан жериң жайлуу,
    Топурагың торко болсун!
    ***
    Сүрөттүн алдындагы төрт сап ыр:

    Шаке!
    Даагы кылгын эмгекти,
    Дайра ташып көчкөндөй.
    Анан калат артта издер…
    Улуу Залкар өткөндөй!..

  9. Соң – Көл чүрөгү баяны
    Турсунбаева Таттыбүбү
    Мырсаалы кызынын
    70 – жылдыгына арнаймын.

    Кайран Соң – Көл чүрөгү,
    Терс какпадың бирөөнү.
    Эл оозунда кептер жүрөт…
    Кимге артам күнөөнү?!
    Сенин такыр өлбөсүңдү,
    Ошол киши билеби?!..
    Же, болбосо,- Кетирдим! – деп,
    Эрдемсинип жүрөбү?!
    Элиң дале шек артышып,
    Таппай жүрөт күнөөлүүнү…
    Сага берген сулуулукту,
    Бере бербейт баарына.
    Бекер эле, бут тосушту…
    Бекер калып каарыңа!..
    Тигилгенде чоң күзгүгө,
    Өзүн “пери”көргөндөр…
    Тытып салсам бетиңди! – дейт,
    Тагдырына таарына.
    – Мага неге бербедиң? – дейт,
    Кудайына жалына.

    Ал кездеги жол тоскондор…
    Чоң сахнанын болбой теңи!
    А, тигинде бажырайып,
    Күлүп турат оо, бир – Пери!
    Алып жулуп, көрө албастык,
    Жакшылыкты бөлө албастык…
    Пендем сага болуп туткун,
    Жакшы адамдын башын жуттуң!
    Ичи тардык, көралбастык,
    Ириттиң го далайларды.
    Аккуусундай Соң – Көлдүн,
    Арылбаган арман барбы?
    Аялзаттын сулуулугун,
    Адамдыктын улуулунун,
    Кылымдарга даңазалап,
    Айтып келээр адамдарың.
    Соң – Көлүмдүн чүрөгү,
    Сахна! –деп соккон жүрөгү.
    Таттуу эжем, татынам…
    Таң калтыраар укканды.
    70 – жашка келдиң бүгүн,
    Атыңды кимдер укпады?
    Таттыбүбү – Улуу талант!
    Таң калтырган адамдарды.
    Дастан болуп кезип келээр…
    Дагы далай замандарды.
    Өткөндөрдөн сабак болуп,
    Таланттарга канат болуп.
    Кууга айланып учуп келээр,
    Кыргызга бүтпөс жамак болуп.

    Ак көңүлдү пайдаланып,
    Далай жонго чапкандар.
    Көзүңө сени, – Укмуш! – деп,
    Көзүң жок жерде саткандар…
    Көрүп алып экрандан,
    Көр кайгыга баткандар.
    Далай ирет жоготом деп,
    Далбас уруп жулунгандар.
    Өчүрө албай Улуу атты…
    Семичкедей куурулгандар.
    Мүмкүн азыр арабызда,
    Сылана басып жүргөндүр?..
    Же болбосо, “тиги айылга”,
    Кетти бекен, түгөнгүр!
    Сиз дастанга айландыңыз,
    Улуу дастан унутулбайт.
    Сиз өнөргө ширелгенсиз,
    Улуу талант курутулбайт!
    Жашап өтсө жарашмак,
    Сиздей талант бир кылымды.
    Бирок сиздин экинчи өмүр,
    Карытмак болду миң кылымды!

    *****
    Биз ал кезде,
    Жаңы аттадык сахнаны.
    Жаш дебеди,
    Сахна бизди барктады.
    Баарыбыздын
    Жүрөктөрдө бир эңсөө…
    Эжелердей болсом! – деп.
    Билинбей өчтү,
    Күндүн атып, батканы.

    Кайышып кетем,
    Кеп – сөзүм да түгөнүп.
    Суктанганда…
    Жүрөгүмдө гүл өнүп.
    Жаш кеткенин,
    Уккан кезде эжемдин.
    Сахна да турду,
    Бир тирилип, бир өлүп.

    Бетсиз ажал…
    Сизди көздөй октоду.
    Чоң сахнаңдын,
    Зарлап кошок кошкону.
    Таня! Таттыбүбүм!!!
    Бизди таштап кетпе! – деп,
    Бүт образдарың,
    Оордуларынан козголду.
    Салима, Элпи, Тамара,
    Эркайым, Асел, Зулайка,
    Оля, Надя, Төрөкан,
    Малика, Чолпон, Зулайда.
    Зейнеп, Жээнгүл, Айзада…
    Чуу салышты баарысы,
    Таня! – Каякка?! Сен кайда?!
    Кетпе! Кетпе бизден,
    Биз жокбуз да, ал жайда?!..
    – Боздо! Боздогула!!!
    Мени да таштап,
    Кайрылбастан, кетип жатат.
    Кайда? Кайда?! Кайда?!..
    Кайда ашыгып,
    Билбейм, кайда шашат?!
    Жер тепкилеп, жерге бербей,
    Театр дагы боздоду!!!

    А, тигинде:
    – Жүрү кеттик!
    Биздин айыл тынчыраак…
    Кол сунуп турду Уркуя,
    Артында Шафак, Жульетта.
    Ууртунан жылмая,
    Басып келди Ак – Мөөрүң.
    Анан… анан…
    Ромео, Болотуңду көрдүң!
    Ачыла берип,
    Чоң айылдын эшиги.
    Чоң таланттар,
    Тосуп чыктык! – дештиби?..
    Колуңдан алып,
    Айылды көздөй коштошту.
    А, мындагылар,
    Айрылдык! – деп, жоктошту.
    Эл ыйлады,
    Солкулдап Жер да ыйлады.
    Чүрөгүнөн айрылып,
    Чалкып жаткан Көл ыйлады.
    Уул, кызың,
    Жер тытып боздогондо…
    Энекелеп!
    Зардуу ыйды коштогондо…
    Таттыбүбүм!!!
    Кең Жумгал чайпалды го!
    Чүрөгүм! Чүрөгүм!!! – деп,
    Соң – Көлүм чайкалды го!
    Бир боорум! – деп,
    Нуркан боздоп жоктоду.
    Бизден чарчап,
    Майышкан жүрөк токтоду!

  10. Pingback: Уулкандын уйкаштыктарынан «Ыр курама» токуйбуз! - Кыргыз маданият борбору

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *