Эл сүрөтчүсүн эскерип..

******************************************************************************************************************

Кыргыз Эл сүрөтчүсү, «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ.

Кыргыз Эл сүрөтчүсү, «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ.

КЕРЕМЕТ ЭМГЕК ЭМНЕГЕ БААЛАНБАДЫ ЖЕ КӨМҮСКӨДӨ КАЛГАН КӨРКӨМ ДҮЙНӨ!

«Өмүр бизден бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин!.»
Аалы Токомбаев (Балка)

1981-жылы Фрунзедеги Семен Афанасьевич Чуйков атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм-сүрөт окуу жайына тапшырып, окуум бүтөөр-бүткүчө ошол окуу жайдын жатаканасында жашап калдым. Кийинки жылы эле ал жатаканабызга бейишке чыккыр, ушул эскерүүнү багыштап жаткан агайым, устатым, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Асаналиевич Кадыралиев жатакана башчы (тарбиячы) болуп келип калды., Бирок ал өзү деле ошол жатакананын экинчи кабатындагы бир бөлмөдө үй-бүлөсү менен жашайт эле. Ал кезде окуу жайда иштеген үй-жайы жок бир катар мугалим-сүрөтчүлөр жатаканада турушчу. Окуу жайды бүтүп кеткиче ал киши менен эриш-аркак жакын мамиледе болуп, ар кандай кеңештерин угуп, тарбия-таалимин тынбай алып жүрдүм. Агайдын өзүнүн жеке өнөрканасы дагы төртүнчү кабатта, ошол кабаттагы мен жашаган бөлмөнүн так маңдайында болчу. Ошол өнөркана аталган чакан 42-бөлмөсүндө күндөп-түндөп бош убактысынын баарын чыгармачылыгы менен алектенип өткөрөөр эле. Студенттик кеңештин мүчөсү болгондуктан кээ бир учурда өзүнө тийиштүү жумуштарынын баарын бизге тапшырып койчу дагы өнөрканасын ичинен бекитип алып күндөп-түндөп чыкпай иштей берчү. Далай ирет ошол бөлмөдө агайдын келечек пландары тууралуу, улуу Манас бабабызга болгон терең ишеничи менен таазимин угуп, басса да, турса да Манас бабабызды барктап, туу тутуп, оозунан түк түшүрбөй айтып жүргөнүн ошол окуу жайда жүргөнүмдө эле түшүнүп, баа берип, ичимден астейдил ыраазы болчумун. Кийин окууну бүткөндөн кийин да кез-кез жолугуп калганда төгүлүп-чачылып, бапылдаган баалуу кеңеш, акыл-насааттарын угуп жүрдүм. Баягыдай эле мүнөзү, сөзүнүн башында, ортосунда, аягында айтылуу Манас атанын ысымы менен башталып, Манас атанын ысымы менен бүткөргөнү, Манас бабабызды даңазалап, келечек жаш муундарыбыз үчүн калтыра турган керемет чыгарма жаратуу максаты бар экенин тажабай айта берээр эле.

Аттиң дебеске арга жок, ошондой улуу максатын ишке ашыруу үчүн белсенип киришип, ал гана эмес аны жарым-жартылай бүтүрүп да койгон. Бирок сүрөтчүнүн ошол эмгегин баалап, барктап, маани берип, түшүнүп, колдоого албай койушпадыбы кашайган шалаакы кыргыз чоңдору. Кыргыздын маданиятын, көөнөрбөс көркөм чыгармасын, руханий байлык боло турган табылгыс керемет баалуулуктарынан ныпым кабары жок кайдыгер, эсирип көпкөн  аткаминээрлерибиздин айынан ошол керемет эмгеги өзүнүн өнөрканасында гана чаң басып кала берди сыяктанат.

Аз мурун «Көк Асаба» гезитине жарыя болгон чакан бир макаланын үзүндүсүн окуп калдым. Анда Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин энеси Гүлайым апанын айтканын Гүлсина Өмүрбекова деген эжеке мындай деп эскерип жазыптыр. «Жоомарт боюмда бар кез. Түшүмдө Жылуу булактын көзүндө отурган экемин. Жогору жактан топ атчандар көрүнүп калды. Мени көрүп, ылдыйлап түшүп келишти. Мен апкаарып, сүрдөп кеттим. Манас… Манас Аталар экен дегендей түшүнүк болду. Аттары да абдан чоң, туяктары эле кемегенин ордундай, өздөрү болсо абдан зор кишилер экен, нурунан көз уялат. «Балам, тилегиң кабыл болсун! Аман-эсен көз жарып ал, уулуңду жакшы бак, биз кайрылып келебиз» деп жүрүп кетишти. Андан кийин, ошол аталардын колдоосу, тилек, батасы менен Жоомартым жарык дүйнөгө келди» деп эскергени айтылыптыр. Бул кашкайган чындык болсо керек, себеби сүрөтчү Жоомарт Кадыралиев ичи менен сырты, бүтүндөй жан дүйнөсү, жүрөгү Манас деп согуп, бабабыз Айкөл Манасты туу тутуп жашаган адам болчу.

ээ 852000-жылдардын башынан тартып Жоомарт агай менен болгон байланышым өзгөчө боло баштады. Ал кезде мен «Агым» гезитинде кабарчы болуп иштеп калгам. Ошол кездеги борбордук аянтта көпчүлүк элдин купулуна толбой, анча жага бербеген, ал эмес элдин кыжырын келтирип, ар түрдүү терс пикир жаратып жүргөн айтылуу «Эркиндик статуеткасы» (Канаттуу аял) туураалуу коомчулуктун каршы көз караштагы ой-пикирлерин топтоп, кошумча сунуштарды байма-бай айтып, гезит кеңсесине белгилүү маданият ишмерлеринин чогултуп, алардын катышуусундагы «Тегерек үстөлдөрдү» уйуштуруп, борбордук аянтта Манас атабыздын айкели туруш керек экендиги туураалуу көптөгөн иш чараларды өткөрө баштаган элем. Аныбыз анча майнап деле бербеди, Акаевдин да, Бакиевдин да бийлиги андай аракетибизди угуп, көңүл бөлүп, аянтта турган ал аялды (коомчулукта ал статуэтканы ачык шылдыңдап «жумуртка баскан аял» деп атап калышкан) алып салууга эрктери жеткен жок, эрктери тургай тоготуп да койушпады, кымындай дагы аракет болгон эмес..

ээ 85Ошондой күндөрдүн биринде ал учурдагы ажо Аскар Акаев Кытайга расмий иш сапар менен барып калат. Аны котолоп коштогон жайнаган аткаминээрлердин арасына Жоомарт Кадыралиев да кошулуп барып калыптыр. Анда ал кыргыз сүрөтчүлөр кошуунун жетектеп турган. Ошондогу Жоомарт агайдын президент Акаев менен Кытайга барганын өзүнүн айтып бергени бойунча жазып алып, атайын макала кылып «Агымга» чыгарганым бар, бирок андагы айткандары азыр толук эсимде деле калбаптыр. Эсимдегиси ушул, Аскар Акаев баш болгон кыргыз делегациясын ошол мезгилдеги Кытай мамлекетинин жетекчиси Цзян Цзэминь бир кездеги атактуу Тан Империясына (618-907) караштуу, анын борбору делип жүргөн Сиан шаарына алып барат. Дал ошол жердеги сегиз миң жоокерден турган ээ 85Циндин Терракталык армиясы деп аталган шумдуктай Музейди көрүшөт. Мындай кереметти көрүп оозун ачкан академик Аскар Акаев дароо эле Жоомарт Кадыралиевди өзүнө чакыртат. Сүрөтчү жанына келээри менен Кытай башчысынын көзүнчө «Жоомарт Асаналиевич, сиз качан кыргыздарга ушундай керемет чыгарма тартуулайсыз, тагыраагы Манас атабызды кырк чоросу менен кошуп качан момундай монументалдык тарыхый-архитектуралык эстелигин борборго тургусасыз?» деген күтүүсүз суроосун узатат. Өлкө башчысынын өз оозунан мындайды эч күтпөгөн сүрөтчү дал ошол жерден эле оң колун жүрөгүнө койуп туруп «буйурса мекенибизге, Бишкек шаарына жетээрим менен ушул улуу ишти баштайм, мүмкүн болушунча тез арада бүтүрүп, эскизин сизге көрсөтүүгө убада берем Аскар Акаевич» деп убада берет. Түшкө кирбес мындай окуяны укканда ичимден өзүмчө кобурап, ант берип жибердим деген эле. Кытайдан келээри менен Кыргыз сүрөтчүлөр кошуунунун милдетин башка адамга тапшырып берет дагы ажо Аскар Акаевдин айткан тапшырмасын аткарууга баш-оту менен киришет. Азыр агайдын ал өнөркасы эмне болду билбейм, ЦУМ дун сол тарабындагы көп кабат үйлөрдүн биринин чатырында жайгашкан кыргыздын дагы бир мыкты чыкма таланттуу уулу, атактуу актер, Эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун татынакай, чакан өнөрканасы боло турган.

«Манас Ордо» долбоорундагы айкел-эскиздерден бир көрүнүш.

«Манас Ордо» долбоорундагы айкел-эскиздерден бир көрүнүш.

Ошол өнөрканасын Сүкөбүз көзү тирүү кезинде Жоомарт агайга белек катары берип кеткен экен. Мына дал ушул өнөрканада «Манас ордосу» деп аталган уникалдуу долбоор, тарыхый архитектуралык монументалдык эстеликтин эскизин жасап баштайт. Ал долбоор болжолу Бишкектин борбору болгон Ала-Тоо аянтына, тагыраагы азыркы тарых музей турган жерге жайгашмак. Жарым ай түрүндө жасалган музейдин имаратынын үстүнө кырка тизилген Манастын кырк чоросунун айкелдери жайгашып, чок ортосунда Манас баатырдын өзүнүн айкели жана жанында эң мыкты, ишеничтүү делген Алмамбет, Чубак баш болгон жети чоросунун айкелдери турмак. Аларды жандай жайгашкан сол тарабында куштун пири Алп кара куш, оң тарабында иттин пири Кумайыктын элестери түшүрүлмөк.

Эл сүрөтчүсү иш үстүндө.

Эл сүрөтчүсү иш үстүндө.

Сүрөтчүнүн айтымында Манастын кырк чоросунун айкелдерин азыркы кыргыздын мыкты чыкмарынын, түрдүү кесиптеги таланттарынын жана эл сыймыгына татыган уулдарынын образ-келбеттеринен эле алып жасалмак. Ал эмес ал жердеги Манастын ар бир чоросунун айкелин жасатууга кеткен чыгымды өлкөбүздүн ар бир районун бирден алып, каржылоого милдеттендирип койуу талабы да айтылып жүргөн. Көптөгөн аттуу-баштуу адамдар ошол ойду туура көрүп, колдоп жүрүшкөнүн уккан жайым бар. Негизинен чындап эле бардык жагынан алганда өтө уникалдуу, келечектүү, улут үчүн таасирлүү мыкты долбоор эле..

Эл сүрөтчүсү Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ жазуучу Көчкөн САКТАНОВ менен. 2004-жыл, апрель.

Эл сүрөтчүсү Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ жазуучу Көчкөн САКТАНОВ менен. 2004-жыл, апрель.

Музейдин оң тарабындагы каалгасы «Алтын дарбаза» деп аталып музейге келген көрүүчүлөр ошол оң тараптагы дарбаза аркылуу музейге кирип, шашпай таанышып жүрүп отурушуп сол тарабындагы «Күмүш дарбаза» деп аталган каалгадан чыгышмак. Музейге толугу менен Манас баатыр, манасчылар жана эпос тууралуу экспонаттар койулушу шартталмак. Кыскасы агайымдын безилдеп, кай жерде болбосун какшап жүргөн далай сөздөрүнүн көбү кашайып эсимден чыгап кетиптир, бирок «элим үчүн улуу эмгек жасайм» деп ак эткенден так этип, далбастап жүгүрүп жүргөн элеси, ак дилдүү аракети күнү бүгүн да көз алдымда, кадимкидей эсимде.

Осмонакун Ибраимов.

Осмонакун ИБРАИМОВ.

Эл үчүн жасала турган андай мыкты долбоорго ким кыянаттык кылды жана эмне тоскоолдук болду? Эмне болсун, баягы эле кара баскан кайдыгерлик, кыргыздын канында тынбай агып турган ичи тардык менен көралбастык. Долбоордун эскизи толук даяр болуп калганда сүрөтчү ажо Аскар Акаевге кирип, анын айткан тапшырмасы тууралуу өзүнө бир ооз да болсо жеткирип, далилдеп түшүндүрүп берсем деген тилеги таш каап, улам кийинкиге жылып, түпсүз тоскоолдуктарга туш боло берип, ажонун кабыл алуусуна кирбей калган. Андай мүмкүнчүлүктөн ошол маанилүү ишке түздөн-түз тиешеси бар ажонун айланасындагы арыжок бир үлкөн аткаминээрдин атайын эле бут тосуп койгонунан, ошонун азабынан ажого кире албай калганын өкүнүү менен кайра-кайра айтып жүрчү эле. Ошондой күндөрдүн биринде, үмүтү али да үзүлбөй  жүргөндө Акаевдин бийлиги кокустан алмашып кетип, сүрөтчүгө тикелей тапшырма берип, мазар сыйактуу ыйык жерден берген анты, ошол антты аткарууга түздөн-түз тиешеси бар, өзүнүн бийик даражасы аркылуу жардамын берет деп ишенип жүргөн ажосу аз өтпөй өз эл-жеринен безип, орустарды беттеп, куйругун түйүп качып кете берди.

Ошол кездеги Конституциялык соттун төрайымы Чолпон БАЕКОВА да сүрөтчүнүн өнөрканасына атайын башбагып, жактырып, "Акаевге кирип, сөзсүз айтам" деген айбаттуу убадасын берип кеткен эле. 2003-жыл, март айы.

Ошол кездеги Конституциялык соттун төрайымы Чолпон БАЕКОВА дагы сүрөтчүнүн өнөрканасына атайын башбагып, жактырып, баарыбызга угуза “Акаевге кирип, сөзсүз айтам” деген айбаттуу убадасын берип кеткен эле. 2003-жыл, март айы.

Ачыгын айтканда Акаев Кытайдан келээри менен менен ал айкелдер тууралуу тапшырмасын ошол кездеги КР мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимовго тапшырган экен. Дал ошол Осоке ортодо ар кандай болбогон шылтоолорду айтып, ойноп, сүрөтчүнүн Акаевге кирип жолугуусуна тымызын каршы болуп, киргизбей, жолуктурбай койгонун өз оозунан далай эле уккам. Менимче мындай маалыматты сүрөтчүнүн өзүнүн айланасындагы кесиптештери, жакын санаалаштырынын көбү билет. Менмен деген маданият, адабият, коомдук ишмерлер, бийликтеги аттуу-баштуу үлкөн адамдардын далайы атайын барып долбоордун эскизин тамшануу менен көрүп, кызыгып, жакшы баа берип, жактырып, “колдон келген жардамыбызды беребиз” деп кеткендерине мен деле көп күбө болуп жүрдүм. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, бири дагы анын артынан түшүп, сөзүнө туруп, айткандарын аткарышкан дагы, аракет кылышкан дагы жок. Ооз учунан эле опулдап сүйлөп, күйүмүш болуп күпүлдөп койушканы менен эртеси эле эстерине «жара» чыга берип, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып кетти. Мына, эми минтип кечээ жакында эле Манас атабыз үчүн кан-жанын берүүгө даярмын деп жашап жүргөн элинин чыныгы мекенчил уулу, дагы бир кайталангыс талант, сүрөткер агабыз Жоомарт Асаналиевич баарынан тажап, чарчап, чындыктын жок экенине толук ишенгендей кол шилтеп, жалган дүйнөнү чанып, чын дүйнөнү көздөй эртелеп кете берди. Эми анын күндөп-түндөп, жылдап уйку көрбөй жасап баштаган эмгегин, Манас тууралуу уникалдуу долбоорун ким улантмак эле, ошол турган жеринде чаң басып тура берип, акырындык менен андай табылга, долбоор таптакыр өчүп жок болот эмеспи..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист.
Финляндия, Келсинки шаары. 13.02.2015.

3 thoughts on “Эл сүрөтчүсүн эскерип..

  1. Чоң рахмат Асыран байке. Абдан мыкты статья жазыптырсыз. Аягында ыза болуп көпкө ыйладым. Акмактар көп, Осмонакун Ибраимовго окшогон. Кыргызка кыпындай жакшылыгы жок, бул неме куу түлкүнүн бири го? Кыйын болуп сүйлөсө тим эле тилинен чаң чыгат, Акаевдин түбүнө да дал ушундай кошоматчы иттер жеткен. Аягында куйругун түйүп, эч нерсеге күнөөсү жоктой жүрөт, бетин табактай кылып. Наалат айткым келди, Осмонакун деген кыргыздын душманына!

  2. Манастын жети осуятын калпып чыгып, курулай ооз көптүрүп дүңкүлдөткүчө ушуга окшогон баалуулуктарга көңүл бөлүп, өзү атайылап айткан, берген тапшырмасын тактап, сурап койбогон Акаевде да күнөөнүн баары..

    Ажонун бир эле ооз сөзү жетиштүү болчу, ажолук чексиз бийлиги, баркы менен “кана баатырлар, баарыңар биригип, чогулуп, ушул долбоорду ишке ашырып, чок борборго Манас бабабыздын айкелин кырк чоросу менен койкойтуп тургузуп койгула” деген тапшырмасын чоң кичине аткаминээрлерин чогултуп айтып, тапшырып койгонунда Осмонакун окшогон кошоматчылар бүжүңдөп чуркап жүрүп эбак бүтүрүп койушат эле..

    Жок дегенде борбор шаарыбызда улуттук баалуулугубуздун ана башы аталган Айкөлдүн айкели менен кырк чоросу, бакыйган музейи туруп калат эле. Анысы менен Акаевдин баркы андан бетер жогорулап, балким, балким алгачкы ажо эл жеринен безип качпайт эле, балким эл-журт азыркыдай эбегейсиз азап тартпайт эле, балким катар-катар төңкөрүштөр болбойт эле, балким, балким ажону так ошол Манастын арбагы ургандыр, өзү демилге көтөрүп, ыйык жерден Манасты ыйык туткан адамга тапшырып, ант алдырып койуп кайра өзү унутуп, эсине жара чыккандыгы үчүн ушундай болгондур.

    “Коррупция Агүйдүн жетинчи кабатына жетти”, абайлагыла, баарыңарды Манас атанын арбагы урат” деп бир айкырып алганы бар эле. Манасты ар дайым оозанып, айтып жүргөнү менен аны баалап, барктабай койгону үчүн Айкөлдүн арбагы журт башчыларына нааразы болуп калды көрүнөт деп койом ичимен, ким билет, балким башкачадыр..

    Кыскасы эл-башчылар менен анын жөкөрлөрү ченебей кутуруп, чектен чыгып бүтүштү, көздөрүн май басып эч нерсени көрбөй калышты..
    Аргасыз ой келет, ата-бабалардын, Айкөл Манастын арбагы чындап эле уруп жатабы деген, алардын залакасы бир гана элге тийип, эл-журт эзилип, кыйналып бүтүштү..

  3. – Эх чиркин дуйно… Кыргыздын чыгаан инсандарынын бири эле… 1976- 1984- жылдары С.А. Чуйков атындагы корком сурот окуу жайында окуп калгам. Жоомарт Кыадыралив агайдын кол алдында окуугам. Жатаканада тарбиячы болуп иштеп да жургон. Мен кичине шок болсом керек… Онор канасына чакырып урушуп тилдеп, тарбиялады эле… Окуужайдын директору Табылды Белекович Байбосуновко айтып жатакананга студсосеттин придсидатели кылып шайлатып, коп жыл чогуу иштешкем…Бир четинен агай бир четинен ага дос иниси болуп калгам. Ачыгын айтканда чогуу арак ичип да калгам. Эн жакшы адам эле… Аттин бир кем дуйно …Эрте кетип калды арабыздан.Жаткан жери жайлуу болсун… Колдо бар алтындын баркы жок – деген ушу тура… Бир аз козго жаш алып созумду аяктадым … Китеп жазса же кино тартса болот…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *