Көч байланыш..

ээ 74КӨҢҮЛ БУРГУЛА! ААЛАМТОРДО «КӨЧ БАЙЛАНЫШ». БИРИНЧИ БӨЛҮК!

Кезектеги «Көч Байланышыбыздын» ардактуу мейманы, Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министири, милициянын генерал-майору ТУРГАНБАЕВ Мелис Токтомамбетович.

Мелис ТУРГАНБАЕВ. Саламатсыздарбы Урматтуу Мекендештер жана интернет колдонуучулар! Сиздер менен байланышка чыгууга дайармын жана сиздердин ой-пикирлериңиздерге ортоктош болуп, кызыктырган суроолоруңуздарга жооп берүүгө даярмын!

ээ 74Нургүл КОЖОМБЕРДИЕВА. Ишиңизге ийгилик каалайбыз! Мыйзамды сыйлаган эл мамлекетин сактайт!

ээ 74Ырысбай КУБАНЫЧ уулу. Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы Мелис мырза! Сиз менен «Көч байланышта» баарлашып жатканыма кубанычтамын. Кыргыз милициясына реформанын кереги жок, колдого муктаж, реформа сот тармагына керек деп ойлойм. Андыктан ишиңиздерге ийгилик! Жаңы жылда үй-бүлөлүк бакыт калайм! Жаңы жылыңыздар менен кыргыз милициясы!
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп: Ырысбай мырза, реформа бизге керек. Анткени ал мезгилдин талабы. Күн сайын өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде ички иштер министирлиги реформага муктаж. Биз учурда реформа багытындагы иштерди колго алып, аны алдыга жылдыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биринчиден, реформа милицияга керек. Ал элдин жана коомчулуктун талабы. Сиз айткандай бир гана милицияны эмес, сот тармагында да реформалоо керектиги учурда талкууланып жатат. Биз милиция тармагын дагы реформалоонуну жана концепсиясын иштеп чыгып мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу аракеттерин көрүүдөбүз. Сизге терең ыраазычылык билдиремин.

ээ 74Мусакун САТЫБАЛДИЕВ. Ардагер. Каракол шаарынан, КР.  Урматтуу Мелис мырза! Адеп сизди келе жаткан Жаңы Жылыңыз менен куттуктайм! Бул Жыл элибизге, мамлекетибизге тынчтыкты, бейкуттукту, ынтымакты, алга жылууну, өнүгүү жолун алып келсин! Эми сизге төмөнкүдөй суроо бермекчимин: Кийинки мезгилде уюшкан кылмыштуу топтордун көп мүчөлөрү кармалды. Бир топ депутаттарга, мамлекеттик кызматтардагы чиновниктерге кылмыш иштери козголду. Бирок, ошолордун көпчүлүгү жеңил-желпи жаза алып, жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатышат. Ал эми кылмыш иши козголгон айрым акчалуулар чет өлкөлөргө чыгып кетип атышат. Мындай учурда биздин өлкөбүздө кылмыштуулук, жемкордук менен күрөшүү өз натыйжасын бере алабы?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Мусакун байке, сизге ыраазычылык билдиремин. Сизди да жаңы жылыңыз менен куттуктаймын. Аман болуңуз, ден соолугуңуз бекем болсун. Сиз туура баамдап жатасыз. Учурда уюшкан кылмыштуу топтор кармалып, алар жасаган оор кылмыштардын бети ачылууда. Бирок, сиз айткандай айрымдары жеңил жаза алып да калууда. Чет жерге качып кеткендер да жок эмес. Учурда биз мына ушул сиз айткан багытта катуу иштерди колго ала баштадык. Бардык кылмышка тиешеси бар шектүү адамдар жоопкерчилик тартуусу керек. Учурда бул уюшкан кылмыштуулукка болгон күрөштү күчөтүү жана аны мыйзам чегинде катуу жүргүзүү үчүн кылмыш кодесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип жатабыз. Натыйжа сөзсүз болот. Сизге дагы бир жолу ыраазычылык билдиремин.

ээ 9Насыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы Мелис байке. Келе жаткан жаңы жылыңыз менен! Эмесе суроолорго өтсөм.
1-Суроо: Такшалган милиция кызматкери кызмат абалында кайтыш болуп кетсе артында калган бала-чакасы үчүн мамлекет тарабынан кандай чаралар көрүлүш керек эле?
2-Суроо: Учурда эл ичинде милиция кызматкерлеринин кадыр-баркы төмөндөп кетти деп атышат. Муну жакшыртуу үчүн кандай чараларды колдонуп жатасыздар?
3-суроо: Так ушул милиционерлер жаатында чакан китепче боло турган детективдик чыгармам бар эле. «Дудук» деп аталат. Ошону эл ичинде милиция кызматкерлеринин кадыр-баркын көтөрүш үчүн ИИМ тарабынан колдоого алып, чыгарып бере алат белеңиз? (Албетте, окуп же сынатып көрүңүз)
PS: Бул чыгарманы кадимки кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров окуп, кино тарткысы келген. Бирок, учурда Шабдан баатыр киносун баштап калганы үчүн кийинкиге калтырган эле.
Жеке телефонум: 0770 36 27 97.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:
Сизге рахмат. Сиздин да жаңы жылыңыз менен! Биринчиден, коомдук тиртипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө курман болгон милиция кызматкери биздин система үчүн эң чоң жоготуу болуп саналат. Биз ондогон мыкты кесиптештерибизден айрылып калдык. Мындай учурда мамлекет тарабынан камкордуктар көрүлөт. Алардын үй-бүлөсүнө атайын акча каражаттары бөлүнөт. Андан сырткары ал кызматкердин үй-бүлөсүнө, балдарына да камкордук көрүлөт, үйлөр да берилүүдө. Бирок мына ошолордун бардыгы тең биздин кызматкердин өмүрүнө тең келе албайт. Учурда мамлекет милиция органдарына өзгөчө мамиле кылып келүүдө.
Экинчи сурооңузга жооп: Учурда милиция кызматкерлеринин баркы төмөндөп кетти дегениңизге кошула албаймын. Себеби, мен бүт кыргызстандын аймактарын кыдырып чыктым. Эл менен милициянын ортосундагы байланыш жакшы деңгээлде экендигин байкадым. Учурда Ички иштер министирлиги милициянын кадыр баркын көтөрүү боюнча бир катар иш чараларды жүргүзүүдө. Эң биринчиден биз элдин ишенимин актоого тийишпиз. Ошондо гана анын кадыр баркы көтөрүлөт. Китебиңизди бизге берсеңер, окуп, анан сиз менен байланышалы.
Байланыш телефону: 0551 102359: 0312 66 21 56.

ээ 74Нурланбек КАЛДЫБАЕВ. Ош шаарынан, КР.  Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун Мелис мырза!
Менин берейин деген суроом элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу жөнүндө болмокчу. Мындан бир нече жыл мурда эл чындыгында бандиттерден, криминалдардан коркчу, көчөгө чыкканда. Азыр болсо погончондордон көбүрөөк коркушат, чыгымга учуратпаса экен деп (айрыкча Ош жергесинде). Маселен, Ош шаарында жол күзөт кызматкерлери коопсуздук маселелери менен алектенбей эле, айдоочулардан акча өндүрүү менен алек болгондой…Жол белгилерин улам бир жерге орното коюшуп эле, ошол жерге 5-6 су үйүлүп алып акча доолашат. Ал эми тыгын болгон жерде туруп, кыймылды регулировка кылган адамды күндүз чырак менен издесең да таппайсың. Шаардын бир башынан экинчи башына чыкканча 2-3 жолу токтотуп ийишет, айрыкча кечке маал…Эгерде факты керек десеңиз беребиз. Жакында эле РФдан кызматтык командировкадан келатсам Ош шаардык ЖКК кызматкери ага сержант Акбаев Шамшидин деген кызматтык укугун ашкере пайдаланып, суукта көчөдө калтырып, мага катталган, бирок уулум айдап келаткан машинени негизсиз эле (көп акча өндүрүү үчүн) стоянкага айдап кетип калды. Мунун айынан суук тийип ооруканага жатып чыктым… Арыздансам жергиликтүү бийликтер түрдүү шылтоолор менен карабай коюшту.
Менин сунушум: Милицияга болгон ишенимди кайтаруу үчүн кадр маселесине тыкан карасаңыз… Жогорку билимдүү, сабаттуу жана ыймандуу инсандарды жумушка алып дегендей. Анан Коомдук байкоочулар кеңешин түзсөңүз жакшы болоор беле, аксакалдардан, аял затынан жана калыс адамдардан. Аларга көп укук берилбесе да, чектен ашып кеткен орган кызматкерлери тууралу фактыларды топтоп-изилдеп, ИИМдин жетекчилигине же ММК аркылуу маалымдап турушса, кызматтык укукту кыянаттык менен пайдалануу фактылары азайат беле деген ой..  Суроого көңүл бөлгөнүңүз үчүн чоң рахмат!
Төмөндө арызымды кошо тиркедим. Байланыш үчүн телефонум: 0550 719301.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.
Нурланбек мырза, Сиздин арызыңыз боюнча тиешелүү кызматтарга дайындадым. Анын жыйынтыгы боюнча сизди сөзсүз кабардар кылабыз.
Нурланбек КАЛДЫБАЕВ. Чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик тилейм! Сиздердин кызмат ары жооптуу, ары татаал экенин жакшы билебиз, ылайым кыргыз милициясы эл ишенимин актаган азаматтардан куру болбосун жана эл алкоосуна татысын!

ээ 74Бакыт ТУРДУМАТОВИЧ. Бишкек шаарынан, КР.  Ассалямуалекум Мелис мырза! Суроом: Күч түзүмүбүздүн формасын (кийим-кечесин) илгерки СССРден айырмалантып, улуттук аскердик-колоридке жакындатып өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн ойлонуп көрөсүзбү? Союздун, Россиянын идеологиясы дагы эле өкүм сүргөнсүп турат.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Бакыт мырза, саламатчылык. Сиз туура суроо берип жатасыз. Биз бул багытта иш жүргүзүп жатабыз. Бирок бардыгы мезгилге ылайык болушу керек. Бирок мунун бардыгы тең финансылык колдоону талап кылат экен, ошол себептүү сиздин берген сурооңузду олуттуу деп эсептеп, биз дагы алдыдагы иштерибизге план катары кабыл алабыз. Сиздин берген бул суроооңуз бизди абдан кубандырды. Демек, биз сиз айткан багытты келечекте ишке ашат деген ишеничтебиз.

Гүлсана эже.Гүлсана САРНОГОЕВА. Фолинио шаарынан, Италия. Саламатсызбы урматтуу Мелис мырза!  Сизге ой-пикиримди, суроомду жазып кетейин. Былтыр суукта тоңуп каза болушкан мекендештерим тууралуу гезиттен окудум эле. Аябай өкүнүчтүү! Быйыл да ар кандай себептер менен үй-жайсыз калышкан адамдар бар. Ошолорду сый менен (орой жол менен эмес) чогултуп жылуу жайларга (атайын маршрутка менен) алып барып турушкан, күнү түнү иштешкен күзөт кызматындагы милициялар болсо жакшы болот эле. Андай адамдарга (селсаяк деп атаганга дитим барбайт) ар бир шаардын районундарында, ар бир аймактарда, айылдарда атайын милициялардан түзүлгөн атайын комитет түзүлөбү? Ырахмат!
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Гульсана айым, сиз биздин коомдоогу көйгөйлүү маселени көтөрүп, тынчсызданып жатканыңыз мени кубандырат. Негизи мындай ишти алып баруу милициянын иши эмес. Биздин иш коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, элдин коопсуздугун сактоо жана элдин ишенимин актоо болуп саналат. Бирок ошого карабастан милиция кызматы Бишкек жана Ош шаарындагы жана Чүй обулустарындагы үй-жайсыз калышкан адамдарды кароо, аларды кыш мезгилинде жата турган жайы менен убактылуу камсыз кылуу, тамак аш берүү сыяктуу милдеттерди да аткарып келебиз. Бирок, Сиз туура түшүнсөңүз бул маселе райондук акимчиликтердин алдындагы социалдык жактан тейлөө кызматтарынын иши болуп эсептелет. Ошол себептүү биз дагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте ар дайым иш жүргүзүп келебиз.

ээ 63Керимбек КАДЫРКУЛОВ. Маскөө шаарынан, Оруссия.
Саламатсызбы, Мелис Токтомамбетович? Менин сизге деген суроолорум төмөнкүчө:

1. Кылмышка шектүү адамдар менен иштөөдө милиция кызматкерлеринин «журум-турум эрежелерин» сактоо дэңгээли төмөн жана айрым учурларда уруп-согуу, кыз-келиндерди зордуктоо сыяктуу терс көрүнүштөр катталып келген. Ушуга каршы кандай иш-аракеттер көрүлүүдө? «Наркотик таштоо» жалаасы качан токтойт? Деги үгүт-насыят иштери кайсы идеялогинын негизинде жүргүзүлөт?
2. Кээ бир учурда милиция кызматкерлеринин кармашуу жөндөмдүүлүгү жагынан алсыздыгы байкалат. «Чыгыш согуш өнөрү» менен машыгуу эмне үчүн кечеңдөөдө?
3. Милиция кызматкерлеринин турмуш- тиричилигин жакшыртуу бойунча өз алдынча өндүрүш иштерин жүргүзүүгө эмне тоскоол болот?
4. Эмне үчүн чет элдеги жашырынып жүргөн кылмышкерлерди кармап келүүгө кыргыз милициясынын мүмкүнчүлүгү жетпейт, ал эми маданий кызматкерлер алар менен эч тоскоолдуксуз эле байланыша алышат?
5. Заманбап кылмышкерлердин коркунучтуулугу эмнеде?
Байланышка чыкканыңызга чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайм! Жаңы жыл жаңы жетишкендиктердин жылы болсун!
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Керимбек мырза, биринчи сурооңузга: Азыркы мезгилде милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамдарды кармоо, иликтөө, тергөө иштерин жүргүзүүдө мыйзам чегинде гана аракеттенүү боюнча тапшырмаларды алышты. Эгерде сиз айткандай учурлар же фактылар аныкталса, анда аларга карата тиешелүү түрдө жоопкерчилик каралат. Уруп-согуу, кыздарды зордуктоо сыяктуу терс көрүнуштөр каттала турган болсо, милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголуп жазага тартылат. Эгерде сизде конкреттүү фактылар бар болсо мага кайрылыңыз. Ар бир милиция кызматкери өзүнүн ишмердүүлүгүндө мыйзамдын талаптарын жогору коюга тийиш.
Экинчи суроого: милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын чыңдоо, кылмышкерлерге каршы иш аракеттерди жүргүзүү боюнча бизде окуу машыгуу борбору тиешелүү иштерди аткарат. Ички иштер органдарынын күжүрмөн даярдыгынын деңгеелин көтөрүү боюнча күн сайын аткарыла турган иш чаралар белгиленген.
Чет жерде жашынып, качып жүргөн кылмышкерлер мамлекеттик аралык макулдашуулардын негизинде «Интерпол» аркылуу издөөгө алынат. Айрым учурларда кылмышкерлерди Кыргызстанга кайтарып алып келүү макулдашуулардын жоктугуна келип такалат.

ээ 74Марат ДАНИЛОВ. Бишкек шаарынан, КР.  Салам алейкум, Мелис мырза!
Анапияев бул криминалбы же элдик баатырбы?
Эгер криминал болсо эмне үчүн ал каржылап жаткан журналистерге жана анын «Алыш» федерациясына бөгөт коюлбайт? Рахмат!.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп: Марат мырза, Анапияев кылмышка шектүү адам катары «Интерпол» аркылуу эл аралык издөөдө. Ал эми Анапияев туралуу жазган журналистердин тематикасына биз бөгөт кое албайбыз. Алар коомубуздун активдүү бөлүгү катары ошондой эле басма сөз эркиндигинин талаптарыны негизинде иштөөдө.

ээ 74Халмурат КААРОВ. Ош шаарынан, КР.  Урматтуу Мелис мырза! Исмаил Исаков Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин толук бойдон кыргызчага өткөргөн болчу, Сиз ИИМди толук кыргызчага өткөрө аласызбы?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп: Халмурат мырза, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги да бул багытта тиешелүү иштерди колго алып келет. Биздин министрликте да кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча атайын бөлүм бар. Азырынча толук өткөрүүнү эртең эле киргизип салам дегенден алысмын. Бирок биздин системага тиешелүү иш кагаздарды Ош, Нарын, Жалал-Абад, Баткен обулустарында толук кыргыз тилинде жүргүзүп жатышат. Учурда Бишкек шаарындагы, Чүй обулустундагы биздин милиция бөлүктөрү жана министирликтин борбордук аппараты да кыргызча иш кагаздарды, буйруктарды, аныктамаларды кыргыз тилинде жүргүзүп келишет. Биз бул багытта ишти күчөтөбүз. Сиздин пикиринизди туура деп эсептейбиз жана келечекте аны ишке ашырууга шарт түзөбүз.

ээ 63Жайнагул АРСТАНОВА. Алай районунан, КР. Саламатсызбы, Сиз макул болсоңуз керек, бизде азыр накта мырзалык жетишпей турат. Жаман адаттардан алыс болгон, жаш муундар умтула турган чыныгы мырзалардын курамын түзсөңуз экен? Коррупция менен күрөшүүгө караганда ага барчу жолду бууп, жол бербеш керек го? Ушул багытта кандай жумуш аткара алдыңыз? Мыкты жетекчи ондогон жылдарга багыт берип, жашоонун нугун өзгөртө алат, милицияга ишеним, урматтону бекемдеп, мыкты Министр боло аласызбы? Жеке маселе боюнча кантип байланышса болот?.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Жайнагүл айым, сиздин сунуш пикириңизди эске алабыз. Жеке маселе боюнча менин жардамчым Рустамга кайрылсаңыз болот. Байланыш телефону: 66 11 47.

ээ 62Гүлжакан МАВЛАНОВА. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы Мелис мырза!  Сизди ишиңизге өтө жоопкерчиликтүү караган адам катары сыйлайм, себеби, мурдагы иш ордуңузда сиз тарабынан эки ирет так, акыйкатка күбө болгом.
1. Азыркы иш ордуңузда адам укугунун мышык ыйлагыдай тебеленип жаткан абалына туш болсоңуз акыйкат чечим кабыл ала алам деп өзүңүзгө ишенесизби?
2. 1-Май райондук ички иштер бөлүмүндө адам өлүмү боюнча иш козголгон, сегиз айдан бери кудайдан коркуп бир жолу дагы чакырып сурашкан жок күбөлөрдү, ушундай да боло береби же…тергөө ишинде?! Урматым менен Гүлжакан! Жеке телефонум: 0700 244772:
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Гүлжакан айым, мен ар бир маселе боюнча акыйкат чечим кабыл алам деп сизди ишендире алам. Экинчи маселе боюнча мага кайрылсаңыз, аталган факты боюнча териштирүү жүргүзүп, сөзсүз жооп беребиз. Бизге байланышка чыгыңыз. 66 11 47.

ээ 63Ызаат ТУРГУМБАЕВА. Бишкек шаарынан, КР.
1. Урматтуу Мелис мырза сиз жаңы министирликке шайланаарыңызга аз убакытк алганда «Баягы Асаба» гезитине келип окурмандар менен түз маек уюштурганыңызда сиздин журналисттер менен болгон мамилеңиз кандай болот деп сураганымда, «бардыгы менен ачык айкын, тыгыз байланышам» дедиңиз эле. Бирок андан бери сиздин пресс-кызматыңардагылардын, сиздин атыңыздан түз эле маек бере албайт» деп жооп берип жаткандыгы мени таң калтырат. Менин суроом: Өзүңүзгө түз байланышка кандайча чыга алабыз? Мен «Леди kg» гезитинде эмгектенем.
2. Министир катары айтсаңыз, акыркы кездердже зордуктоо модага айланып бараткансыйт. Министирлик жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, зордуктоого карата реформа жүргүзүү туралуу оюңуз барбы? .
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп: Ызаат айым, мен ноябрь-декабрь айларында республиканын баардык обулустарында иш сапарда болдум. Балким ошол мезгилде кайрылсаңыз керек. Зордуктоо фактылары боюнча кылмыштардын дээрлик баардыгы ачылууда. Бирок, бул багыттагы реформаны жүргүзүү жеке эле милициянын иши эмес, бүтүндөй коомчулуктун иш аракети керек. Биздин тиешелүү кызматтар сиздин сунушуңузду эске алат.

ээ 74Тазагүл ПРАТОВА. Ош шаарынан, КР.  Ассалому алейкум.
Ишиңизге ийгилик, журтубузда тынччылык болсун. ИИМдин кызматкерлери менен карапайым элдин ортосундагы кыжырды такыр жок кылуу мүмкүн эмес, бирок аздап азайтуу үчүн койгон кадамдар кандай болуп жатат? Түшүндүрүү иштерин кандай деңгээлде жүргүзө алдык деп ойлойсуз жана ушул тууралу аткарылган иштер боюнча айтып бере аласызбы? Акча берип, погон алгандардын сизге, деги эле элге пайдасы тийеби? Өмүрүңүздөгү эң кыйчалыш учурда иштен баш тартууну көздөгөнсүзбү? Кызматтык ишине салкын көз караш менен мамиле жасаган жаш кадрларга берчү кеңешиңиз?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Тазагүл айым, сиздин суроонузга рахмат. Мен министр болуп келген кундөн тарта Республикабыздын бардык обулустарында, райондорунда жана айылдарында болуп келдим. Эгер мурда милиция менен элдин мамилеси анча жакшы эмес абалда болсо, азыр бардыгы тап такыр башкача экендигин өз көзүм менен көрүп келдим. Мен эл арасын кыдырган кезде элдин милицияга болгон бүгүнкү күндөгү ишеними кубандырды. Элибиз бизди тушүнүп калды. Тескерисинче, бизге милицянын аймактык тескөөчүлөрүн көбөйтүп бергиле, шарт түзүп бергиле, транпсорт бергиле, айлыктарын көтөрүп бергиле деп суранып жатышат. Демек биз тушүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүүгө аракет кылып жатабыз. Мына ошол иштердин бардыгын мен тизмелеп олтурбайын, аны сиз массалык маалымат каражаттарынан окуп байкап, анан баа бере аласыз. Акча берип ишке орношуп келген заман бүттү деп ойлоймун. Мыкты, тажрыйбалуу, таланттуу, күжүрмөн жана эр жүрөк кызматкерлер иштеши керек. Биздин кадрдык саясатыбыз мына ушул багытта жүрөт. Ал эми менин жеке өмүрүмдө кыйчалыш учурлар көп эле болгон, бирок мен эч убакта көздөгөн жана аткарып жаткан ишимден баш тарткан эмесмин жана баш да тартпаймын. Мен эли жеримдин коопсуздугу үчүн иштеп келген адаммын. Ошол себептүү корко турган жана баш тарта турган жан эмесмин. Анан да кызматтык ишине салкын көз караш менен мамиле жасаган жаш кадрларга берчү кеңешим. Бизде андайларга жол жок. Кимде ким өз ишине салкын мамиле жасай турган болсо анда биздин жолубуз ар башка. Салкын көз караш менен мамиле жасаган милиция кызматкерлери оң жолго түшүп иштеши зарыл. Биз элге кызмат кылганга келгенбиз, ошол себептүү андай кызматкерлерди тазалайбыз.

ээ 74Батырбек КЕРИМКУЛОВ. Кант шаарынан, КР.  Урматтуу Мелис мырза! Мен ушул милицияда мыйзам иштээрине ишенбей деле калдым. Себеби менин арызым боюнча 2009-жылдан бери эч кандай жыйынтык чыкпай келе жатат. Карга -карганын көзүн чукубайт болуп жатабы, ким билсин, мындай принцип менен биз мыйзамчылыкка келбейбиз жана тартипти сактай албайбыз. Себеби, апрель айынын 2009-жылы Биринчи Май райондук ИИБнүн кызматкерлери Заидов Башир менен Мухамедалиев Бахадыр менин үстүмөн оор кылмыш-жаза иши боюнча далилдерди жасалмалап КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 166 ст. 2 б, 2, 3 пункту боюнча эч кандай далили жок, мыйзамсыз кылмыш иш козгоп УПК нын 94 ст. менен камака алган.

Бул иш боюнча мен далай арыздар менен ар кайсы укук-коргоо органдарына кайрылдым, бироок жыйынтык жок, алар кандай иштеп жүрдү эле ошондой эле иштеп жатышат, анысы аз келгенсип званияларында чоңойтуп жатышат (мыйзамды бузуп, адамдардын укугун жакшылап тебелегиле деп). Булардын артында турган колу жүндү кишилер көп болсо керек, же болбосо азыркы замандын талабына ылайык акчалары көп окшойт. Себеби мен укук коргочуу болсом булардын мыйзамсыз кылган иштери боюнча, УПКнин 6, 10 ,11, 12, 14, 19, 81, 82, 83, 92, 94, 95, 96 статьялырын бузганы үчүн КР КЖКнин 304, 305, 315, 322, 324, 325, 326 статьялары менен булардын үстүнөн кылмыш ишин козгомокмун. А сиздердин мыйзамдуу кызматкерлериңер болсо менин укугумду тебелеп ишти жаап салышты, ошондой эле прокуратура системасы. Башында иш козгойбуз деп, анан алардан ыраазычылык кылынгандан кийин ишти жаап коюшту. Менин сууром: КР КЖКнин 2 статьясынын максаттарына ылайык мыйзамды коргогондун ордуна, укук коргоо кызматкерлери тарабынан адамдын укугун бузуулар болуп жатса, башка карапайым элдер эмне кылыш керек?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Батырбек мырза, сиз менин жардамчыма кайрылып, арызыңызды бериңиз.Текшертип, мыйзам чегинде карап беребиз. Эгер милиция кызматкерлеринин күнөөсү бар болсо, анда алардын да жоопкерчилигин карайбыз. Байланыш телефону: 66 11 47.

эбекеБектурсун АЛИБЕКОВ. Майлуу-Суу шаарынан, КР. РИА «НОВОСТИ» маалымат қызматы, 2014 – жылдын 25-декабрда, өлкөбүздүн ИИМ инин; «Nо-1 жана Nо-16 жаза өткөрүү колонияларында, соттолғондордун уйушқан топтору (ОПГ), жаза атқаруу Мамлекеттик Қызматынын (ГСИН) қызматкерлери менен тил табышып, алар менен биргеликте, түрмөдө қолдонууға тыйуу салынған уйулдуқ телефондорду қолдонуу менен, сырттағы, эркиндиктеги жарандарды телефондон қорқутуп үркүтүү (мошенничество) жолу менен, «GeoPay» мобильдик қапчыққа, бир эле учурда 30 000$ (отуз миң) доллардан 1500$ (бир миң беш жүз) долларға чейин ақчаларды қоторттуруп, жалпысынан; 300 000$ (үч жүз миң) доллар «мээнет ақы» иштеп табышқандықтарын, жана тинтүү учурунда уйулдуқ телефондор менен SIM – карталар табылғандығын” айтқан маалыматын жарыйалаған.
Ушундан улам, урматтуу министр мырза, биздин (Сиздин қол алдыңыздағы), тартип жана мыйзам сақчы милициябыздын, түрмөнүн «төрүндө» отурушқан қылмышкерлер менен; қылмыштары бир, қылықтары бир, «бизнестери» бир, ой мақсаттары бир, қаалоолору бир, тилдери бир дилдери бир болуп турған фактта жана чақта, эркиндиктеги қылмышкерлер менен да ошондой «ой мақсаттары бир эмес» – деп, биз қантип ишене алабыз? Жэ, Сиз қантип ишендире аласыз?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп: Урматтуу Бектурсун мырза, сиз айткан маалыматты басма сөз каражаттарына биз жөнөткөнбүз. Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ГСИН) мекемелериндеги жазасын өтөп жаткандар жана аталган мекемеде иштеген айрым бир кызматкерлер өз ара суйлөшуп алышып, уюлдук телефондор аркылуу эркиндикте жургөн жарандарды коркутуу жана алдоо жолдору менен ири суммадагы акчаларды алышкан. Мына ушул фактыларды биздин балдар ачышты. Мындан ары дагы бул багытта ишти күчөтөбуз. Негизи, түрмөлөрдө тартипти орнотуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ГСИН) туздөн түз милдети.

ээ 74Азирет КЕЛДИБАЕВ, Санкт-Петербург шаарынан, Оруссия.
Саламатсызбы Мелис Токтомамбетович. Алгач келе жаткан жаңы-жылыңыз менен куттуктап өтөйүн! Сизге берчүү көп суроо бар эле, бирок, бир аз айбыгып бере албадым…
Үстүбүздөгү жылдын январь айынын 15 инде Ош шаарында, Ош шаарынын Мэрин шайлоо болуп өттү. Шайлоо болоордон бир аз күн мурда сиз Мелис Мырзакматовко өз кишиңизди жиберип шайлоодон утулуп калса тынч гана отуруп калышын талап кылган экенсиз. Бирок Мелис Жоошбаевич курулай коркутуп-үркүтүү, негизсиз талаптарга мойун сунбаган жигит эле. Ошол себептен бир суроо пайда болуп жатат эмне себептен Мелис Жоошбаевич Мырзакматов сиздин талаптарыгызды орундатып отуруп калды жана Мырзакматовко тагылган кылмыш иши закондуу түрдө деп ишенимдүү айта аласызбы?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Азирет мырза, мен ал кезде Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында жетекчи болуп иштегенмин. Албетте ошол мезгилдеги коомдук тартиптин республика боюнча сакталышына өз салымымды коштум. Бирок Мелис Мырзакматов менен менин эч кандай байланышым жок. Ал эми ага коюлган күнөөлөр же тактап айтсам кылмыш иши Башкы прокуратура кызматы тарабынан козголгон болчу. Ошол себептүү комментарийди прокуратура бергени оң деп эсептеймин.

чынараЧынара САРБАГЫШОВА, Бишкек шаарынан. КР. Саламатсызбы Мелис байке?! Ушул көйгөйү көп заманда убакыт таап биздин «Көч байланышыбызга» келип бергениңиз биринчи эрдигиңиз болду. Ан үчүн рахмат демекчибиз. Анда алгачкы суроомду узатсам.
1. Негедир акыркы мезгилде Кыргыз эли өзүнүн чыныгы эр жүрөк, жалтанбас, чынчыл, калыс, канжыгага башын байлаган мекенчил уулун күтүп жүрүп чарчаган сыяктуу. Ушундай оомал-төкмөл болуп турган мезгилде Кыргыздын чыныгы мырзасы катары, карууңузду казык кылып элиңизге эмне иштерди жасап бере алат элеңиз.
2. Азыр бардык жерде эле корупция менен күрөшүп жатабыз деген сөздөрдү көп угуудабыз. Ошол күрөккө саресеп салсак, жалаң гана депутаттардын аттары жана алардын жакындарынын ысмын көп угулууда. Карапайым адамдардын арасында коррупция менен эмес депутаттар менен күрөшүп жаткандай элес калууда. Бул багытта сиздин ой-пикириңизди уксак.
3. Сиз жетектеген бул министирликте коррупция өсүп-өнгөнү эч кимге деле жашыруун эмес. Бул системаны өзгөртүп, жолго коюу үчүн кандай аракетиңиз бар. Жана ишти алдыга жылдырууга ишенген жакшы адамдарыңыз-командаңыз барбы?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп: Чынара айым, сиз айткандай каруумду казык кылып, элиме чын дилимден иштеп беремин жана иштеп жатамын. Экинчиден, коррупцияга аралашкан жарандардын кызматтык деңгээлине, социалдык абалына карабастан жазага тартылууга тийиш. Үчүнчү сурооңуз боюнча айтарым, азыркы учурда коррупцияга каршы катуу иш чаралар башталды. Колу таза эмес, мыйзам бузган милиция кызматкерлерине карата катуу чаралар көрүлөт. Аткарыла турган алдыда иштер көп, албетте тажрыйбалуу адис кызматкерлер менен биргеликте иш алып баруудамын.

ээ 74Алга КЫЛЫЧОВ. Бишкек шаарынан, КР.  Урматтуу Мелис байке! Сиз, ички иштер министирлигине келген күндөн үч күн өтүп-өтпөй баңги затка аралашы бар кызматкерледи жумуштан алып, катуу чара көрүп жатканыңыз мактоого аларлык көрүнүш. Кыргызстандын баардык обулустарынын, өзгөчө татаал шарттарда жашаган айыл жерлерине чейин барып, жөнөкөй, катардагы ички иштер кызматкерлеринин жашоо шарртары менен, алардын абалы менен жакындан таанышып, элге жакындатып, кошумча милицияканаларды элге ачып берип, милициянын элге болгон ишенимин арттыруудасыз. Мисалы: Жумгал районундагы буга чейин ызы-чуусу бүтпөгөн Кара-Кече көмүр кениндеги баш аламандыкты кыска мөөнөттүн ичинде эле тартипке салып койгонуңузга ошол аймактын жашоочулары, көмүр ташуучулар, айдоочулар менден салам дуба айтып, ыраазычылык билдиришти. Сиздей чыныгы өз ишин билген элдик генерал агалар көбөйө берсин. Кыргыз тарыхында канкор Бакиевдин коркутуусунан коркпой Медет Садыркуловдун өлүмүнүн аягына чыккандыгыңыз, келечек муунга эң сонун үлгү болот. Кыргызстандагы бардык элдик кошуундардын атынан жана өзүмдүн «Элдик Сакчы» кошуунунун атынан сизге ийгилик каалайм. Бөлөк министирлер дагы Сизден үлгү алып, кабинетинде гана олтуруп алып, үстүртөдөн башкарбай, Сиздин жолду жолдоп, эл менен жакын болушса деп ниет кылам. Биз Сиз мененбиз!.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Алга мырза, жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдирем.

Алмазбек МОЛДОГАЗИЕВ. Бишкек шаарынан, КР.  Милиция кызматкерлеринин маданиятын, билимдүүлүгнүн жогорулатуу максатында кандай аракеттер бар? Экинчиден, азыр бизде туризмди өнүктүрөлү деп жатабыз. Бирок чет элдиктер көбүнчө керек болсо ушул милиция органдарына нааразы болуп жатышат. Буга эң чоң мисал катары «Көчмөндөр» оюнунда чет элдиктердин кыргыз милициясы боюнча пикири азаттыкка чыккан. Биздин милиция кызматкерлери эмнеге чет өлкөлүк кесиптештеринен үлгү алышпайт? Качан Туркиянын, Кытайдын кызматкерлериндей милицияларга жетебиз?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп:  Алмаз мырза, кыргыз милиция кызматкерлеринин кылмыштуулук менен күрөшүүдөгу тажрыйбасы башка мамлекеттеги тартип кызматкерлеринен кем калышпайт деп эсептейм. Албетте, кызматкерлердин журум турум маданиятын жогорулатуу боюнча иш чаралар жургүзүлүп жатат.

ЧолпонЧолпон ОСМОНОВА. Маскөө шаарынан, Оруссия.  Менин суроом: Урматтуу Мелис мырза!. Жол эрежесин бузган машиналардын санынан да адамдардын саны көп болуп баратат. Белгиси жок жерден чуркап өтүшөт да көбү өздөрү машинага урунушат. Анан сөзсүз түрдө айдоочулар жооп берип калышат, ошол жол эрежесин бузган адамдарды тартипке үйрөтүп, аларга да чоң көлөмдөгү айып пул салса болобу? Мыйзамга өзгөртүү киргизишиңиз керек, ушул маселе азыр абдан актуалдуу десем болот, сиз кандай дейсиз?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Чолпон айым, сиз туура айтасыз. Учурда машиналардын саны абдан көп болууда, алар тарабынан миңдеген жол кырсыктары жасалып, канчалаган жарандарыбыз жабыркап жатат. Албетте, жөө жүрүп, жол эрежесин бузгандар да жок эмес. Учурда жол эрежесин бузган автоунаалардын айдоочуларына айыптар көтөрүлгөн. Ал эми жол эрежесин жөө жүрүп бузуп, алардын күнөөсү боюнча жол кырсыгы болгон учурларда жөө жүргүнчүлөргө айып жазасы административдик Кодексте каралган. Бирок, ал айып пул төмөн эле. Айыптын көлүмү 10 сомдон 30 сомго чейин эле болчу. Ошол себептүү 2014-жылы административдик Кодекске өзгөртүүлөр киргизилип айыптын көлөмү 500 сомгокөтөрүлдү. Сизге айтаарым, бул багытта ички и штер министрлиги «коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүнүн алдында турат. Мына ошондо жол эрежесин одно бузган айдоочулардын да, жөө жүргүнчүлөрдүн да кыймыл аракеттерин видео-фото байкоолор аркылуу көзөмөлгө алабыз, мына ошондо бул багытта тартип киргизилет, анткени жол эрежелерин бузгандыгын танууга мүмкүн эмес болуп калат анан ошого жараша жазасын тартууга тийиш. «Коопсуз шаар» долбоорун биз көзөмөлдөп, коомчулук менен бирге баа берип, ийгилиги менен кемчилигин эске алуу аркылуу мыйзам актыларына мына ушул сиз айткан багыттар боюнча кошумча өзгөртүүлөрдү киргизебиз деген ойдомун.

эбекеБектурсун АЛИБЕКОВ. Майлуу-Суу шаарынан, КР. Мелис Турганбаев мырза, ушул суроого толук жооп берилбей калды, сиз жетектеген биздин эгемен ҚРбыздын ИИМи өзү, РИА «НОВОСТИ» маалымат қызматына берген маалыматын келтирип, менин, «Ушундан улам, урматтуу министр мырза, биздин (Сиздин қол алдыңыздағы), тартип жана мыйзам сақчы милициябыздын, түрмөнүн «төрүндө» отурушқан қылмышкерлер менен; қылмыштары бир, қылықтары бир, «бизнестери» бир, ой мақсаттары бир, қаалоолору бир, тилдери бир дилдери бир болуп турған фактта жана чақта, эркиндиктеги қылмышкерлер менен да ошондой «ой мақсаттары бир эмес» – деп, биз қантип ишене алабыз? Жэ, Сиз қантип ишендире аласыз?” – деген суроомо; «Сиз келтирген маалыматты, биз бергенбиз» – деп, сурооғо жооп берүү (унутулуп) қалып кеткен.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Бектурсун мырза. Сиз балким менин жообумдун төркүнүн байкабай калгандырсыз. Мен сизге мүмкүн болушунча толук жана так жооп берген болчумун. Эмесе, Сизге ошол себептүү кайталап айтып койойун, башта окубай калган окурмандарга да түшүнүктүү болсун. Түрмөнүн ичин жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы карайт. Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ГСИН) мекемелериндеги жазасын өтөп жаткандар жана аталган мекемеде иштеген айрым бир кызматкерлер өз ара сүйлөшуп алышып, уюлдук телефондор аркылуу эркиндикте жургөн жарандарды коркутуу жана алдоо жолдору менен ири суммадагы акчаларды алышкан. Анын ушул жылдагы эле суммасы 15 миллионго жетип калгандыгын биз аныктап тергеп чыктык. Мына ушул кылмыштарды биздин кызматкерлер ачышты. Ондогон адамдар сот жоопкерчилигине тартылып, калгандары сурак беришүүдө. Мындан ары дагы бул багытта ишти күчөтөбүз. Негизи, түрмөлөрдө тартипти орнотуу жана мына ушундай кылмыштарга жол бербөө жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ГСИН) түздөн түз милдети.
Ал эми менен кол алдымдагы мыйзам чегинен чыккан, өзүнүн кызматтык парзына чыккынчылык кылган кызматкерлери менен жолубуз башка. Аларга биздин катардан орун жок. Мен жакында эле министрликтин өздүк коопсуздук кызматын кайрадан карап чыгып, ички иштер органдарын мына сиз айткандай колу туткак, таза эмес, кылмышкерлер менен “ой-максаттары бир” кызматкерлерди тазалоо, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча абдан катуу тапшырмаларды жана милдеттерди койдум. Мына кечээ элеОшто пара талап кылып алып жаткан бир кызматкер кармалды. Мындай фактылар абдан көп. Учурда бизде тазалануу башталды деп айтсам жанылбаймын. А мүмкүн сизде да дал ушул багытта маалыматтарыңыз бар болсо бизге кайрылыңыз, бирге чара көрөлү, сиз дагы коом жана мезгил талап кылып жаткан жаңыланууда жардамыңызды аябаңыз. Байланыш телефондору: Рустам (жардамчым) 0-312-66-11-47. Сизге ыраазычылык билдиремин.
ээ 63Чолпонбек ЖЕТИГЕН. Бишкек шаарынан, КР. Биринчиден келе жаткан жаңы жылыңыз менен министр мырза, ишиңизде албан ийгиликтер, үй бүлө жакындарыңыз менен жакшылыкта, бакубаттуулукта болуңуз.
1. Ушул эле интернет барактарында, учурдагы ИИМ Академиясында болуп жаткан көп суммалуу паракорлуктар тууралуу акыркы күндөрү көп окуп жүрөм. Паракорчулук гүлдөп турган тармакта мыкты кадрларды даярдоого болобу? Ушул жогорку окуу жайда паракорлукту түп тамыры менен жок кылууга күчүңүз жетеби?
2. Сойкулук боюнча далай көйгөйлүү маселелер бар бирок сойкулук боюнча иштелип чыккан мыйзам жок. Биздин борбор шаарыбызда сойкулук менен алектенгендердин саны күн санап өсүп келатат, көз көрүнөө эле күн түн дебей сойку базарлар эркин ишиеп атат, жана ошол эле тармакты калкалап турган, көнүмүш тил менен айтканда “крыша” болгон да Ички иштер тармагында белдүү кызматтагы “азаматтар” деп билебиз көпчүлүк. Айтыңызчы ушул сойкулук менен күрөшүүдө атайын мыйзамдарды иштеп чыгып анан иш алып барууга болот беле? Ушуга эле кошумча ошол сойку базарлардын тегерегинде котологон милиса кызматкерлери “оокат” кылышат. “Крышалардан” сырткары. Күнүмдүк турмушта көрүп жүрөбүз бул жалган деп айта көрбөңүз. Ошол жерде айланып жүргөн жарандарды текшеримиш этип акча сурашат. Жөн өтүп баратсаң да токтотуп алып, документ жок болуп калса камайбыз деп ачык коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылышат. Мына ушундай баш аламандыктар боюнча кабарыңыз бардыр. Ушул көрүнүштөрдү сиз барда жоюлат деп ишенсек болобу?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Чолпонбек мырза. Сиз абдан туура баамдап жатасыз. Академияны биз толугу менен реформалоого алып барабыз. Азыр алгачкы кадамдары башталды. Себеби, айрыкча акыркы жылдарда Академия тууралуу кескин сын пикирлер адилет айтылып келди. Ошол себептүү реформалоо кезеги Академияга да келип жетти. Биз мыкты жана сапаттуу билим бере т урган окуу жайга айландырууга тийишпиз. Биздин Академиядагы коррупциялык көрүнүштөрду талкалоого жана аны кайрадан бийик денгээлге көтөрүүгө күчүбүз жетет.
Сиз айткан экинчи сурооңуз боюнча кабарым бар. Кыргызстандын тарыхында биринчилерден болуп Бишкек шаарын жетектеп турган мезгилде бул багыттагы ишти колго алып, атайын бөлүм тузуп, ондогон сойкулук менен алектенген жайдарды жаап, алды жоопкерчиликке тартылды. Бул багытта аткарыла турган иштерди да колго алдык. Айрым бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизип жатабыз. Учурда аны уюштургандар гана эмес, сойкулук менен алектенгендердин да жоопкерчилиги каралат. Биз дагы жакшы билебиз, айрым бир таза эмес биздин кызматкерлер ошол иштерге аралаша калып жүргөнун. Бирок мен алардын бардыган эскерттим. Кимде ким ошол ишке аралашып жүргөн болсо, анда алардын жоопкерчилигин катуу караймын. Керек болсо иштен айдап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейинки жазалар каралат. Эгерде сизде дал ушуга байланыштуу фактылар болсо байланышгка чыккыла. Биздин сайтка электрондук дарек аркылуу кат жазгыла көзөмөлгө аламын. Мындан эки жыл мурункуга караганда бул багытта иштер колго алынып, ал менин катуу көзөмөлүмдө турат. Сиздин бул көйгөйгө кайрылып жатканыңызга ыраазычылык билдиремин. Биз ушул багытта ишти баштаган убакта бизге каршы чыккандар да болушкан. Эми учурда сиз айткан жүйөөлүү суроо-пикириңиз боюнча айтаарым, бул теср көрүнүштөрдү акырындык менен чечебиз. Сизге рахмат!

ээ 61Гүлчехра УУЧИЕВА, Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы агай, келе жаткан жаңы жылыңыз кут болсун. Менин сизге суроом: Өмүрүңүздө пара алып көрдүңүз беле?
Экинчиси, эсте калаарлык жаңы жылды кайсы жылы тостуңуз?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп. Гүлчехра айым, жок пара алып көргөн эмесмин. Меники өзүмдүкү өзүмө жетиштүү. Эми мен үчүн эсте калаарлык жаңы жыл – жыл сайын кайталанат. Себеби, кызматтык ишиме байланыштуу, жаңы жылды дайыма иште тосомун. Ал эми биздин иш кандай экендигин сиз деле жакшы билсеңиз керек?
ТемирланТемирлан АКНАЗАРОВ. Талас обулусунан, Талас шаары, КР. Ассаламу алейкум, милиция статусун полиция деп өзгөртүүгө кандай карайсыз? Эгерде биздин системаны полиция менен эсептегенде бизге кандай таасир берет деп ойлойсуз? Мындай дегеним функциялык милдеттерин алмаштыруу менен коомго мындан да эффективдүү тартипти орнотуп алсак болобу дегеним да.
Анан негизги суроом, укук коргоо органдары менен элдин ортосунда айрым жерлерде аксакалдар кеңеши маселе чечишет. Бул расмий бөлүмдөй иш алып бара албагандай көрүнүп жатат. Ортодо башка жактын адамдары каалаган нерселерин пропагандалап элдин аң-сезимин бурмалап салып жатат. Мисалга хаоско айланган өлкөлөр жетиштүү. Бул көпүрөчүлүккө атайы жергиликтүү бөлүмдөрдү түзсө кандай болот, бул менин жеке оюм. Болбосо кылмышка татыксыз адамдар кээде жаңылыштык кетирип алышы толук мүмкүн экен.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Темирлан мырза, биринчиден милицияны полиция деп өзгөртүүгө айтканга оңой болгон менен аны финансылык жактан колдоо абдан көп финансы каражатын талап кылат. Биз маселеге кийинчерээк кайрылабыз деген ойдомун. Анткени анын атын эмес, затын озгортүү керек. Учурда биз ага кетире турган акча каржатын милициянын имараттарын, материалдык техникалык базасын чыңдайлы деп жатабыз. Ага да кезек келет. Бизде бүгүнкү күндө милиция өз функциясын жакшы эле аткарууда. Биз милицияга реформа жүргүзүү менен эле бир катар алгылыктуу иштерди жүргүзө алабыз деген ойдомун. Ошол себептүү милициянын ал абалы, шарты жана элдин болгон пикирин угуу жана өз көзүм менен көрүү максатында мен Ош, Баткен, Жалала Абад, Талас, Ысык Көл, Нарын жана Чүй областтарын кыдырып чыктым. Эл менен милициянын байланышы жакшы экендигин, жергиликтүү эл ошол эле сиз айткан аксакалдар соту да бизге жакындан жардам берип келет. Бардыгы өз иштерине жооп берет. Эч кандай хаоско жол бербейбиз. Балким айрым бир жерлерде кемчиликтер кетип жаткандыр, бирок биз аларды туура жолго койобуз. Милициянын да, аксакалдар сотунун, коомдук алдын алуу борборлорунун да да милдеттери так жана туура ачыкталган, ошол себептүү сиз андан кабатырланбай эле коюңуз. Биз бардыгын мыйзам чегинде иштейт деп ишенбиз жана ага катуу көзөмөл кылабыз.

53C54B33-5D74-46B7-9E9A-50FB726B0784_mw800_sЖаныбек ЖАНЫЗАК. Бишкек шаарынан, КР.  Жайында, 25-июлда Нарында КАМАЗ машинеси менен Кытайга каттаган бир шопур жигит жоголду эле, алигиче өлүүсү же тирүүсү билинбейт. Облпрокурорго да арыз жазылган, «Баягы Асаба» гезитиндеги «Түз байланышта» сиз да бу маселеге тикелей киришем дегендей айттыңыз эле, андан кийин иш жылбай калды.
Ошону бир тактап бераласызбы? Жеке тел: 0777329784.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Жаныбек мырза, бул маселе боюнча аныктоо жана тактоо иштери жүргүзүлгөн. Алдын ала текшерүү Нарын областык милициясына тапшырылган. Аталган факт Нарын областында катталган экен. Ага кылмыш иши козголуп, аны ачуу максатында тиешелүү иштер башталды. Биз аны жаап жашырган жокпуз жана аны ачуу боюнча тапшырмалар берилди. Жыйынтык болоору менен Сизге кошумча жооп берели, телефонуңузду же электрондук дарегиңизди калтырып койсоңуз?

ээ 84Мурат ЖЕТИМИШБАЕВ. Каракол шаарынан, КР.  Министир мырзага суроо? Урматтуу министир, менин агамдын уулу 6-класстан Түрк лицейинде окуп, андан кийин Түркиядан “Интерполдун” жогорку окуусун бүтүп келген. Атасы каза болуп калып, энеси жалгыз окутуп бүтүрдү. Ушул жаш адистин иши боюнча Сизге кайрылсак кабыл ала аласызбы? Бул жигиттин тарбиясы башкачараак болуп, азыркы биздин турмуштук чыныгы ахыбалды кабыл ала албай кесибин таштаганы турат! Балким Сиз бир туура жол көрсөтүп жолго салып койоорсуз. Буга жоопту өзүбүзгө ананимдүү берсеңиз деле маакулбуз. Сизди терең урматтоом менен Жетимишбаев Мурат!  Жеке телефонум: 0555 662040.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Мурат аксакал, Сиз бизге кайрылсаңыз болот. Менин жардамчым сиз менен жаңы жылдан кийин байланышат. Рустам, 0-312-66-11-47:

ээ 84Райкүл АЙДАРАЛИЕВА, Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы Мелис Токтомамбетович? Менин тактоого өтө муктаж болгон төмөндөгүдөй суроолорум бар эле. ИИМдин өздүк курамы менен иштөө боюнча башкы башкармалыгынын кызматкери Рустам ЭРМАТОВ деген жигит (сотрудник Службы собственной безопасности (ССБ) МВД КР) менин өзүм жашаган жеке менчик үйүмдү «мен сатып алгам» деп, чак түштө, 20 дай милиция кызматкери менен (арасында автоматчандары да бар) капыстан үйүмө кирип келип, «тез арада үйдү бошоткунуң» деп талап кылган жоругу канчалык деңгээлде мыйзамдуу?
Эч кандай эскертүүсүз, поветстка, ордерсиз кол алдында иштеген укук коргоо орган кызматкерлерин өз кызыкчылыгы бар жерге куралчан алып келүү менен аталган башкармалыктын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жаткан жокпу?
Ошол эле учурда Рустам ЭРМАТОВ 20 дай милиция кызматкерин жумуш ордунан козгоп, белгилүү бир дарекке өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик кызматтык унааларды жана башкаларга колдонууга кеткен чыгым кимдин эсебинен төлөнөт? Мыйзам ушундайга жол береби? Менин телефонум: 0778 877504.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Райкүл айым, Сиз айткан маселени мен тактап туруп, анан кошумча жооп берейин. Анткени, сиз окуя кай жерде жана качан болгондугун айтпай кеткен экенсиз. Мыйзам бузган ар бир кызматкер, эгер күнөөсү бар болсо анда ал мыйзам чегинде жооп бериш керек. Биз анын жоопкерчилигин карайбыз. Мен бул багытта тапшырмаларды бергемин. Өз кызыкчылыгы үчүн жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга бизде жол берилбейт. Ички иштер министирлиги Сиздин арызыңызды карап, материалды прокуратурага жиберген экен. Качан жиберген, кайсыл күнү биздин катчылык бөлүм тактап туруп жооп берет. Телефонуңузду калтырып койсонуз, сиз менен сөзсүз байланышка чыгабыз.

ээ 84Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Бишкек шаарынан, КР.  Ассалоому алейкум, Мелис мырза!
Келе жаткан Жаңы жылыбыз кетип бараткан жылга салыштырмалуу эл-жерибиз үчүн, ар бир кыргыз жараны үчүн жана Сиз үчүн да, мен үчүн да ийгиликтин, жакшылыктын жылы болсун ылайым.
1. Милиция – коомдук тартиптин куралы. Курал канчалык күчтүү болсо, коомдук тартип да ошончолук бекем болору бышык. Бирок, тарыхта белгилүү болгондой күч органдарына, ошонун ичинде милиция кызматкерлерине ашыкча укук берилген кезде, илгерки И. Сталиндин тушундагы бериячылардын заманы болбойт деп эч ким кепилдик бере албашы бышык.
2. Ал эми кайра-кайра кыргызча революция кылып жатып, карапайым калк менен милиция кызматкерлеринин ортосуна ажырым түшүп, бийликке келген жана бийлигин таштап качкан төбөлдөр, ак кызматын аткарышкан, антына турушуп коомдук тартипти сактоо үчүн жан аябаган милиционерлерди калкка күнөөкөр көрсөтүшүп, ошондон улам жаш жигиттердин жүрөгүн өлтүрүп, жалтаң кылып салганыбыз да чындык!
3. Кыргыз мамлекети жаңы түптөлүп жатканда «акмактар гана албайт…» деген ыплас учкул сөз биротоло аң-сезимге сиңип калып, «жебеген жердин түбүндө» болуп, кичинеден чоңго чейин арам оокатка малынып жаткан учурда, милиция кызматкерлеринен да ушу жакка ооп кеткендери ( «Обротни в пагоне» дечү беле орустар.) бар экенин эч ким танбайт.
Ушундай кырдаалда ИИМди реформалоо оң натыйжасын берет деп чындап ишене аласызбы? Канча убакыт талап кылынат? Жообуңузга алдын ала ыраазычылык билдиремин.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Айтмырза аксакал! Сизди да жаңы жылыңыз менен куттуктаймын! Милиция коомдук тартипти сактоонун куралы деп туура эле айтып жатасыз. Бирок биз бардыгын мыйзам чегинде чечип жана укук бузууларга жол бербейбиз. Бериячылардын заманы болбойт, ага бөркүңуздөй эле ишене бериңиз. Бардык милиция кызматкерлеринин жүрүм туруму, аткарган иши көзөмөлдө турат. Сиз андан кам санабаңыз. Чектен чыгып кетүүгө эч кимге мүмкүндүк берилбейт. Сиз айткан суроо-пикир-маалыматтардын бардыгын биздин көзөмөлдө. Бизделе аны билип туюп турабыз. Милицияны тазалоо башталды, ал бизге керек. Бизге элге ак кызмат кылган эр азаматтар иштеши керек, ошол себептүү биз мыйзамды сыйлаган багытты карманып, иш алып барууга тийишпиз. Реформа бизге сөссуз жардам берет. Ал мезгилдин, коомчулуктун жана элдине талабы. Биз өзгөрүүгө тийишпиз. 23 жылдан бери жасалбаган реформаны үч айда эле оңдоп койомун деп айта албаймын, бирок жыл аягында бул реформалоонун алгачкы жылыштарын байкоого мумкүнчүлүк болот. Оң натыйжа берет деп ишенемин. Сизге терең ыраазычылыгымды билдиремин.
Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Мелис мырза, ошол «тазалоо» учурунда «акчасы жокторго» зыяны тийбесе, Сиз мындан да ардактуу кыргыз уулу болосуз, Ишиңизге ийгилик!

ээ 74Нургүл КОЖОМБЕРДИЕВА. Бишкек шаарынан, КР. Урматтуу Мелис мырза! Биздин мамлекеттин келечегине жана бүтүндүгүнө зыян менен шек келтирген малыматты таратуучулар акыркы мезгилде күчөгөндөн күчөп бара жатат. Мисалы: бул «Fasebook» жана дагы башка мас/медия булактарында абдан чагымчыл маалыматтарды, атын, бетин жашырып, маска кийип алышып жалпы Кыргызстанды бүт дүйнө жүзүнө мазактап, шылдыңдагандар жайнап кетти. Ким буларды көзөмөлдөйт жана качан мындай терс көрүнүшкө чек коюлат?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Нургүл айым, Сиз абдан туура баамдап жатасыз. Мамлекеттин келечегине жана бүтүндүгүнө зыян жана шек келтирген малыматты таратуучулар акыркы мезгилде күчөгөндөн күчөп бара жатат дегениңиз да туура жана өтө өкүнүчтүү. Сиз миңдеген жарандардын пикир менен тилегин билдирип жатасыз. Бизде бул багытта иштеген атайын башкармачылык иштеп жатат. Сиздин пикириңизди эске алып, бул багытта да иш жүргүзөбүз. Сизге рахмат.

ээ 84Нургазы МУСАЕВ. Бишкек шаарынан, КР. Ички Иштер Министирлигинин жетекчилиги партиялардан көз каранды болбогондой система сунуштай аласызбы?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп. Нургазы мырза. Сиздин сурооңузга рахмат. Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги эч кандай партиянын кызыкчылыгын көздөбөйт. Биздин негизги милдетибиз коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен курөшүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошол себептүү милициянын эң биринчи милдети жана парзы өлкөдө жашап жаткан бардык жарандардарга кызмат кылуу. Биз эч кандай партияга мүчө эмеспиз жана ага биздин кызматыбыз жол бербейт. Ошондой эле милиция кызматкерлери кандайдыр бир партияга мүчө боло албайт жана ал саясаттан тыш болушу керек.

АсылАсылкан ШАЙНАЗАРОВА. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы? Милициянын кийген формасын, Жол-кайгуул кызматынын атын тигиндей же мындай деп өзгөртүүдөн ИИМдин коомчулук адындагы бүгүнкү образы өзгөрбөйт деп ойлойм. Бүгүн кыргыз милициясы ачка, үй-бүлөсү, бала-чакасы менен батирден батирге көчүп конуп жүрсө, албетте, ал кошумча киреше булагын (мыйзамдуу да, мыйзамсыз да) издеши турган иш. Балким, ИИМге реформа жүргүзүүнү эң оболу милициянын курсагын ток кармоодон баштоо абзел болуп жүрбөсүн? Сурайын дегеним, бүгүнкү күнү катардагы милиция кызматкеринин бир айлык маянасы канча?
Коомдук транспортко жеңилдиги бар экенин билебиз, бирок,бүгүнкү шартта шаарда коомдук транспорт менен гана жүрүү таптакыр мүмкүн эмес. Мындан башка дагы кандай социалдык жеңилдиктери бар жана мамлекет кепилдик берген ошол жеңилдиктерди бүгүнкү укук коргоо кызматкерлери колдонууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр барбы?
Канткенде карапайым калк милицияга толук ишеним арта алат? Анткени, баарыбызга белгилүү, кандайдыр бир кокустук, кырсык, ж.б. болгондо шар эле милицияга ар ким эле жүгүрбөйт. «Акча бербесең, кыймылдабайт да» деген түшүнүк сиңип бүткөн.
Түмөн түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалайм. Рахмат!
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Асылкан айым, Сиз ишти кайдан баштай тургандыгын байкап туура айтып жатасыз. Бүгүн биз милициянын атын эмес, затын өзгөртүүгө тийишпиз. Иштеген ишине шарт түзүп берүүгө тийишпиз, үй жай берүүгө тийишпиз, айлыгын көтөрүп берүүгө тийишпиз. Ушул багытта тоңгон муз ордунан жыла баштады. Мына Бишкекте, Ошто жана Баткенде көп кабатту үйлөр курула баштады. Акырындык менен сиз айткан жана ойлогон ой пикирлериңиз ишке ашат, мен мына ушул жолдо бара жатамын. Ал эми транспорт менен пайдалануу боюнча мыйзам бар экендигин бардыгы билишет бирок ал акча каражаттарына барып такалып жатат. Биз милиция кызматкерлерине ар тараптуу колдого алуу боюнча иш мерчемдерибиз бар, эми аны акырындык менен иш жүзуно ашыруу гана калды. Милициянын ишине эл баа бериш керек. Элдин ишеними биз учүн эн жогорку баа болуп саналат. Сиз айткан “түшүнүктөрдү” артка таштоого мезгил жетти. Эгерде сизде ушул багытта конкреттүү маалымат бар болсо биздин сайтка кирип, электрондук дарекке жиберип койсонуз. Биз сиз менен байланышып, кызматашууга даярбыз.

ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ. Өзгөн районунан, КР.  Ассалому алейкум, Мелис Токтомамбетович?
Жаңы жылыңыз менен! Ички иштер министрлиги жаңыча реформа жүргүзүп, сезилерлик
иш алып барса жакшы болор эле. Өзгөндө деле чындык деген жоголуп бара жатат. Ушул карапайым калктын көйгөйүнө көңүл бөлө турган кадамдарга барсаңыз жакшы болот эле. Сиз жөнүндө элдин ою аябай жакшы. Атайын Өзгөн ички иштер бөлүмүн да көзөмөлгө алсаңыз.?
Сизге, ишиңизге ийгилик каалайбыз ! Бар болуңуз! Сизге ишинимибиз бар! Агаңыз Калмамат.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Калмамат мырза, Сиз туура айтып жатасыз. Мен Ошко барганда убакытымдын тардыгына байланыштуу жана ден-соолугума карата Өзгөнгө бара албай калдым. Мен ал жакта болуп жаткан бардык былыктарды, начар иштерди абдан жакшы билемин. Сиз айткан пикирлерге толук кошуламын. Жакында убакыт таап Өзгөнгө барайын деп жатам, көйгөйлөр көп, райондук бөлүмдү жана анда иштеген кызматкерлерди тазалайбыз. Ошондой эле эл менен да жолугайын деген ойлор бар. Реформа жүргүзөмүн, айрыкча Өзгөн милициясын катуу көзөмөлгө аламын. Сизге рахмат.
Калмамат ТУРДУБАЕВ. Урматтуу генерал мырза! Сизге ырахмат! Сиздин так жана даана жообуңузду Өзгөн элине жеткиремин! Мага берилген жоопко мен ыраазымын! Сизге кат жүзүндө кийин кайрылсак болот бекен? Алдын ала ырахмат! Бул жерге жазууга туура келбейт. Балли, генерал мырза, сизди күтөбүз! Жараткан сизге ыраазы болсун! Өзгөн элинин атынан ыраазычылык билдиремин!

ээ 84Гүлбакыт КАЛЫК кызы. Алматы шаарынан, Казахстан. Мелис мырза, саламатсызбы!
19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө Аида Салянованын бир тууган агасынын катышы бар деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Гүлбакыт айым. Бул кылмыш иши боюнча бизде тиешелүү иликтөө-тергөө иш чаралары жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшү аныктагандай Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө Аида Салянованын агасынын эч кандай катыштыгы жок экендиги тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды. Массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын эч кандай чындыгы жок. Биздин басма Сөз кызматыбыз жакын арада бул багытта толук маалымат берет.

ээ 84Толукбек МЕНДЕБАЙ. Маскөө шаарынан, Оруссия. Менин суроом Мелис мырза:
1. Кыргызстандын башка министрликтери сыяктуу эле Ички иштер министрлиги дагы абдан коррупциялашкан тармак экени чындыкпы? Деги эле ИИМдин дагы күчтүү реформага муктаждыгы барбы? Милиция кызматкерлеринин айлык акыларын,кадыр баркын канткенде көтөрөбүз деген оюңуз бар?
2. Дордой базарындагы алдамчы акча алмаштыруучулардын жана чөнтөкчү уурулардын жергиликтүү милиция кызматкерлери менен кызматташып иш кылышарынын канчалык чындыгы бар? Мындай окуялар жөнүндө маалыматыңыз барбы?
3. Акыркы мезгилде Ош аймагы тарапта кылмышкерлердин ишкерлерге кол салып тоноп кетүү окуялары көбөйүүдө. Болгондо да чоң суммадагы акчалар жөнүндө кеп болууда. Бул кылмыштарга кимдердин тиешеси бар экенин айта аласызбы?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Толукбек мырза. Сиз туура баамдап жатасыз. ИИМ бүгүн күчтүү реформага муктаж. Эки күндөн бери эң көп берилген суроо реформа багытында болуп жатат. Демек, биз бул багытта ишти күчтөндүрүп жатабыз. Сиз айткан айлык акыларын, милициянын кадыр баркы көтөрүүгө тийишпиз. Биз иштеп жатабыз, анын жыйынтыгы да көп күттүрбөстөн жыл айланып келип калат. Дордой боюнча учурда бизде тиешелүү кызматтар иштеп жатат, ал жакты да тазалоо иштери колго алынган, учурда ал жакта өзгөчө көйгөйлөр жок. Эгерде сизде конкреттүү маалымат бар болсо бизге бериңиз, аларды тез эле ордуна койуп койууга болот. Кат менен же электрондук дарекке жибериңиз, биздин сайтка кирип. Ал эми Ош аймагы боюнча сиз айткан кылмыштар менин жеке көзөмөлүмдө. Жакында ал кылмыштардын да бети ачылат.

ГүлжанГүлжан КОЙЧУМАНОВА. Ош шаарынан, КР. Урматтуу министр мырза! Келе жаткан жаны жылыныз менен куттуктайм! Сизге суроо? 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларында өз милдетин аткарып жүрүп жарадар болгон милиция кызматкерлерине учурда кандай материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлүп жатат? Менин билишимче аларды мүмкүнчүлүктүн болушунча отставкага кетирбей кызмат ордунда калтырууга учурунда убада берилген эле. Бирок кийинчерээк мыйзамга ылайыкталып, көпчүлүгү отставкага кетүүгө мажбурланды. Бир топ профессионал адистер жашы жете элек болсо да аргасыз жумуштан четтетилди. Учурда ушундай кесиптештериңизге жеңилдетилген башка жумушка орношууга жардам берүү мүмкүнчүлүгүңүз барбы?
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Гүлжан айым, Сизди да жаңы жылыңыз менен куттуктаймын. 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларында өз милдетин аткарган бардык кызматкерлерге жардамдар көрсөтүлгөн. Алардын мыктыларын эч ким отставкага кетирген жок, ал убакта иштегендер дагы да болсо иштеп, элге кызмат кылып келишүүдө. Эгерде ошондой жагдайлар болсо бизге кайрылышсын, карап көрөлү.
Гулжан КОЙЧУМАНОВА. Рахмат жообуңузга! Сиздин түз кабылдамаңызга кирүүгө уруксат бериңизчи? Далилдер менен өзүм барайын.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки шаарынан, Финляндия. Урматтуу Министир! Депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевге кылмыш иш козголуп, аны камакка алуу бойунча чечим чыкканга бир айдан ашып кетти, бирок аны кымындай шаардан таппай, кармай албай жатшыканынын себеби эмнеде? Бул бойунча интернет колдонуучулар тарабынан өтө катуу талкуу болуп, негизинен Оштогу милиция кызматкерлеринин алсыздыгы деп күнөөлөп жатышат. Чындап эле милиция кызматкерлери таппай жатышабы? Же ал жигит Кыргыз жергесинен тышка чыгып кеткенби?.
Мелис ТУРГАНБАЕВ. Жооп.  Асыран мырза, сурооңузга рахмат. Канжар Кадыралиевге Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иш козголуп, учурда тергөө жана иликтөө иштерин өздөрү тергеп жатышат. Алар тараптан издөө жарыяланып учурда милицияга аны кармоого тапшырма берилген болчу. Маалымат каражаттарында ар кандай такталбаган маалыматтар жарыяланып жатат. Биздин айтып койоорубуз, биздеги маалыматтар боюнча ал Кыргызстандын аймагында жок, бирок издөө Асыриштерин токтоткон жокпуз. Ал эми кылмыш иши боюнча комментарийди Башкы Прокуратурадан алсаңыздар болот.

«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган
Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист, Келсинки
шаары, Финляндия. 27 – 29 – декабрь, 2014 – жыл.

5 thoughts on “Көч байланыш..

  1. Турганбаев Мелис мырза жетектеген;
    Биздин эгемен ҚРбыздын ИИМи өзү,
    РИА “НОВОСТИ” маалымат қызматына берген маалыматын келтирип, менин;

    “Ушундан улам, урматтуу министр мырза,
    биздин (Сиздин қол алдыңыздағы), тартип жана мыйзам сақчы милициябыздын,
    түрмөнүн «төрүндө» отурушқан қылмышкерлер менен;
    қылмыштары бир,
    қылықтары бир,
    «бизнестери» бир,
    ой мақсаттары бир,
    қаалоолору бир,
    тилдери бир дилдери бир болуп
    турған фактта жана чақта,
    эркиндиктеги қылмышкерлер менен да ошондой «ой мақсаттары бир эмес» – деп,
    биз қантип ишене алабыз?
    Жэ,
    Сиз қантип ишендире аласыз?”
    – деген суроомо;
    “Сиз келтирген маалыматты, биз бергенбиз” – деп,
    сурооғо жооп берүү (унутулуп) қалып кеткен.

  2. Жаңы жылың менен Асыран! Биринчиден, Асыран мырзы, сага терең ыраазычылык билдиргим келет. Алыс жакта жүрүп, жанында жандай басып жүргөн адамдардын (биздин) кыла албаган иштерин бүтүрүп жатасың. Ооба, мындай маектешүүлөр абдан керек. Айрыкча мамлекеттик иштерде жетекчилик кылган маанилүү жетекчилер менен. Мелис Турганбаев жакында эле келди. Ошенсе да, бир топ жакшы иштерди жасап жатканы көпчүлүккө маалим. “Москва бир күндө курулган эмес” – дегендей, түз эле кекиртектен алганыбыз да ашыкча болуп кетээр. Курч суроолор берилиптир. Анын баарын жолго салуу бир кишинин колунан келбеси да ырас. Коом таза болуш үчүн баарыбыз таза болушубуз керек да. Баардык суроолорго ирээти менен так жооп бергенге аракет кылыптыр. Биринчи жана акыркы министр эмес, Мелис байкенин ишине ийгилик каалап кетели. Эл милдетин алган соң, – Ак бол, так бол! Жолдош министр!!! – дегим келет.

  3. Суроого жооп алыш учун министрдин Рустам аттуу жардамчысына чалып такыр ала албай койдум. Трубканы эч ким которбой жатат. 0312 661 147.

  4. Саламатсызбы Мелис Турганбаев сизге суроо: 13 жашар бала атайлап бала олтургон болсо кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылабы? Эгер тартылса кайсы беренелер кодекстер менен… Алдын ала рахмат.

  5. Саламатсызбы Мелис Турганбаев сизге суроо: 13 жашар бала атайлап Адам олтургон болсо кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылабы ? Эгер тартылса канчанчы беренелер кодекс менен толук айтып кетесизби. Рахмат.

Leave a Reply to Мурат Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *