Бет ачаар..

ээ 69«ААЛАМ. АКЫН. КЫРГЫЗДАР» ЖЕ КАЙРА-КАЙРА ОКУГУҢДУ
КЕЛТИРГЕН АЖАЙЫП КИТЕП ТУУРАЛУУ ЭКИ ООЗ СӨЗ!

…Китептин да түрлөрү бар. Окугуңду келтирген, кайра-кайра карегиңди үзө албай телмирткени бар. Тескерисинче, башын бир барактап эле, кайра жапканга шашылтканы бар. Бүгүн мен кеп козгоочу китеп окугуңду гана келтирген китеп десем аша чаппасмын, ов! Көңүл кушуму көкөлөткөн бул китептин аталышы да жөнөкөй эмес. Ары бараандуу, ары даңазалуудай туюлат. «Аалам. Акын. Кыргыздар». Китептин аты ушундай. Өзөгүнө мекенчилдик духту камтыган бул китепке ырлары кирген калемгерлер ушу тапта ааламды чарк айлана тирилик өтөп жүрүшкөн таланттуу кыргыз мекендештерибиздин катарын толуктап келе жаткандыгы айдан ачык маселе экени талашсыз.ээ 70

Ушундан улам кыргыздар кайсыл жайды мекендебесин, баары бир дил түпкүрүндө туулуп өскөн жерин жадынан чыгарбастан, тилине, дилине кыянаттык кылбастан, нака кыргызга тиешелүү ариетин жоготпостон көкүрөгүндө көрөңгө оту өчпөй алоолой берет окшобойбу деген ойлорго да жетеленбей койбойсуң. Антсе да бул китепти жарык көргөзүү аракети жөн жеринен эле чыга калбаганын оңой эле баамдоого болот. Асыресе, кандай гана иш болбосун, демилгечиси болот эмеспи. Дал ушундай көп кырдуу, мыкты жана максаттуу демилгелерди тынымсыз көтөрүп чыгып, уйуштуруп, алардын ана башында турган Финляндиянын Келсинки шаарында жашап жүргөн таланттуу журналист, «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Кыргыз көчү» мекенчилдер тобун негиздеп, алардын коомдук фондун түзгөн Асыран Айдаралиев агабызга, кыргыздын легендарлуу акыны Байдылда Сарногоевдин Италияда жашаган кызы Гүлсана Сарногоева эжекебизге, каржылык жактан жардамын аябай, демөөрчү болуп беришкен  ЖК депутаты Урмат Аманбаева эжекебизге жана топтун бир катар мүчөлөрүнө, баш сөзүн жазып, жалпыбызга ак батасын жылоологон Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Эл Акыны Шайлообек Дүйшеев атабызга астейдил ыраазычылык билдиргим келет. Кайра-кайра окугуңду келтирген ажайып китепти бизге, мындайча айтканда кыргыз адабий журтчулугуна тартуу эткендери үчүн.

Уулкан АМИРАЕВА.

Уулкан АМИРАЕВА.

Каатчылык кендирди кескен, ар ким өз тагдырын өзү чечкен заманда ушундай китеп чыгаруу деле чын чынына келгенде оор маселе. «Аалам. Акын. Кыргыздар» китебинин дагы бир өзгөчөлүгү ырлары киргизилген калемгерлердин бири дагы тыйын төлөшпөгөнүндө. Москвада болобу, Бишкекте болобу буга чейин деле ар кайсыл акындардын ырлары топтоштурулган китептерди көргөм. Байкуш акындар өздөрү ыр жазганы аз келгенсип, тиешелүү сумманы да төлөшүп араңдан зорго ырларын ошондой китептерге киргизишчү. Натыйжада, ошондой китептерди түзүүчүлөр кандайдыр бир өңүттө пайдага туйтунушчу. Ал эми эч бир тыйын төлөбөй ырларыбыз кирген «Аалам. Акын. Кыргыздар» китеби бизге кымбат баалуу белектей эле таасир калтырды. Баса, узап бараткан күз айынын баш чендеринде жарык көргөн бул китептин бет ачаар аземдери жер жерлерде кызуу белгиленип жаткан учуру. Ушул салттын нугу менен күнү кечээ эле, 14-ноябрда күүгүм талаш Москвадагы Кыргыз Элчилигинин жыйындар залында да китептин бет ачаар аземи өкүм сүрдү. Ачылыш аземдеги айтылуу  китепке ырлары кирген акындардын арасынан мен Акылбек Мамадалиев, Уулкан Амираева, Самара Насырова, жана ырга табынган таланттуу инсандар Керимбек Кадыркулов, Максатбек Гапыров, Улан Болотов, ЭлТР теле компаниясынын Москвадагы өкүлү Сайрабүлөр болуп катыштык.

Самара НАСЫРОВА.

Самара НАСЫРОВА.

Аземди Москвадагы Кыргыз Элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева эже алпарды. Тегерек үстөлгө тегерене олтуруп алып, омоктуу ойлордун учугун чубадык. Китеп тууралуу баалуу пикирлерибизди дил элегинен өткөрдүк. Ырлар окудук. Эстеликке сүрөткө түштүк. Айтор, жан дүйнө салтанатын белгиледик. Жыргадык. Маанайыбыз майрамдагыдай болду. Москвада экенибизди, бөлөк эл, бөтөн журтта жүргөнүбүздү унуткансыдык. Ойлорубуз аалам кезе чабыттады. Китепке ырлары кирген башка өлкөлөрдөгү калемгерлерибиз менен ырлары аркылуу тааныштык. Болот турбайбы дедик. Көрсө, ушинтсе болот тура дедик. Жүз көрүшпөсөк да, ырларыбыз аркылуу саламдашсак, боор кысышсак болот тура дедик. Баарыбыздын көздөрүбүзгө нур жаагансыды. Дайра толкугансыды. Кыргыз талаалары тартылды, каректерге. Комуз үнү жаңырды кулактарда. Жүрөктөргө назик туюм орноду. Мындай абал дайым эле боло бербестей. Кандайдыр бир сыйкырдуу дүйнөгө кабылгансыдык. Көкүрөгүбүз тазарды. ээ 70Баарыбызды ушундай абалган кептеген «Аалам. Акын. Кыргыздар» аталыштагы ажайып китепти боорубузга бекем кыстык. Китеп өмүр чырагы деген накылдын таамай айтылганына дагы бир ирет ынануу менен бирге бизге бөлүнгөн убакыт соңуна чыккан соң үй үйлөрүбүзгө көңүлдүү тараганы Элчиликтин кеңсесинен сыртты көздөй агылдык. Ал эми сыртта болсо бизди күү шаа түшкөн мегаполис Москванын демейкиден бир башкача ажайып түнү күтүп турган эле…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ. Акын, журналист.
Кыргыз Улуттук жазуучулар сойузунун мүчөсү,
Маскөө шаары. 14.11.2014.

One thought on “Бет ачаар..

  1. Москвада “ААЛАМ. АКЫН. КЫРГЫЗДАР” китебинин бет ачары аябай жакшы өтүптүр.
    Мен аябай сыймыктандым. Бар болгула алыстагы ини-карындаштарым!
    Рух азыгы-китеп…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *