Nov 16

Бет ачаар..

ээ 69«ААЛАМ. АКЫН. КЫРГЫЗДАР» ЖЕ КАЙРА-КАЙРА ОКУГУҢДУ
КЕЛТИРГЕН АЖАЙЫП КИТЕП ТУУРАЛУУ ЭКИ ООЗ СӨЗ!

…Китептин да түрлөрү бар. Окугуңду келтирген, кайра-кайра карегиңди үзө албай телмирткени бар. Тескерисинче, башын бир барактап эле, кайра жапканга шашылтканы бар. Бүгүн мен кеп козгоочу китеп окугуңду гана келтирген китеп десем аша чаппасмын, ов! Көңүл кушуму көкөлөткөн бул китептин аталышы да жөнөкөй эмес. Ары бараандуу, ары даңазалуудай туюлат. «Аалам. Акын. Кыргыздар». Китептин аты ушундай. Өзөгүнө мекенчилдик духту камтыган бул китепке ырлары кирген калемгерлер ушу тапта ааламды чарк айлана тирилик өтөп жүрүшкөн таланттуу кыргыз мекендештерибиздин катарын толуктап келе жаткандыгы айдан ачык маселе экени талашсыз.ээ 70

Ушундан улам кыргыздар кайсыл жайды мекендебесин, баары бир дил түпкүрүндө туулуп өскөн жерин жадынан чыгарбастан, тилине, дилине кыянаттык кылбастан, нака кыргызга тиешелүү ариетин жоготпостон көкүрөгүндө көрөңгө оту өчпөй алоолой берет окшобойбу деген ойлорго да жетеленбей койбойсуң. Антсе да бул китепти жарык көргөзүү аракети жөн жеринен эле чыга калбаганын оңой эле баамдоого болот. Асыресе, кандай гана иш болбосун, демилгечиси болот эмеспи. Дал ушундай көп кырдуу, мыкты жана максаттуу демилгелерди тынымсыз көтөрүп чыгып, уйуштуруп, алардын ана башында турган Финляндиянын Келсинки шаарында жашап жүргөн таланттуу журналист, «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Кыргыз көчү» мекенчилдер тобун негиздеп, алардын коомдук фондун түзгөн Асыран Айдаралиев агабызга, кыргыздын легендарлуу акыны Байдылда Сарногоевдин Италияда жашаган кызы Гүлсана Сарногоева эжекебизге, каржылык жактан жардамын аябай, демөөрчү болуп беришкен  ЖК депутаты Урмат Аманбаева эжекебизге жана топтун бир катар мүчөлөрүнө, баш сөзүн жазып, жалпыбызга ак батасын жылоологон Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Эл Акыны Шайлообек Дүйшеев атабызга астейдил ыраазычылык билдиргим келет. Кайра-кайра окугуңду келтирген ажайып китепти бизге, мындайча айтканда кыргыз адабий журтчулугуна тартуу эткендери үчүн.

Уулкан АМИРАЕВА.

Уулкан АМИРАЕВА.

Каатчылык кендирди кескен, ар ким өз тагдырын өзү чечкен заманда ушундай китеп чыгаруу деле чын чынына келгенде оор маселе. «Аалам. Акын. Кыргыздар» китебинин дагы бир өзгөчөлүгү ырлары киргизилген калемгерлердин бири дагы тыйын төлөшпөгөнүндө. Москвада болобу, Бишкекте болобу буга чейин деле ар кайсыл акындардын ырлары топтоштурулган китептерди көргөм. Байкуш акындар өздөрү ыр жазганы аз келгенсип, тиешелүү сумманы да төлөшүп араңдан зорго ырларын ошондой китептерге киргизишчү. Натыйжада, ошондой китептерди түзүүчүлөр кандайдыр бир өңүттө пайдага туйтунушчу. Ал эми эч бир тыйын төлөбөй ырларыбыз кирген «Аалам. Акын. Кыргыздар» китеби бизге кымбат баалуу белектей эле таасир калтырды. Баса, узап бараткан күз айынын баш чендеринде жарык көргөн бул китептин бет ачаар аземдери жер жерлерде кызуу белгиленип жаткан учуру. Ушул салттын нугу менен күнү кечээ эле, 14-ноябрда күүгүм талаш Москвадагы Кыргыз Элчилигинин жыйындар залында да китептин бет ачаар аземи өкүм сүрдү. Ачылыш аземдеги айтылуу  китепке ырлары кирген акындардын арасынан мен Акылбек Мамадалиев, Уулкан Амираева, Самара Насырова, жана ырга табынган таланттуу инсандар Керимбек Кадыркулов, Максатбек Гапыров, Улан Болотов, ЭлТР теле компаниясынын Москвадагы өкүлү Сайрабүлөр болуп катыштык.

Самара НАСЫРОВА.

Самара НАСЫРОВА.

Аземди Москвадагы Кыргыз Элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева эже алпарды. Тегерек үстөлгө тегерене олтуруп алып, омоктуу ойлордун учугун чубадык. Китеп тууралуу баалуу пикирлерибизди дил элегинен өткөрдүк. Ырлар окудук. Эстеликке сүрөткө түштүк. Айтор, жан дүйнө салтанатын белгиледик. Жыргадык. Маанайыбыз майрамдагыдай болду. Москвада экенибизди, бөлөк эл, бөтөн журтта жүргөнүбүздү унуткансыдык. Ойлорубуз аалам кезе чабыттады. Китепке ырлары кирген башка өлкөлөрдөгү калемгерлерибиз менен ырлары аркылуу тааныштык. Болот турбайбы дедик. Көрсө, ушинтсе болот тура дедик. Жүз көрүшпөсөк да, ырларыбыз аркылуу саламдашсак, боор кысышсак болот тура дедик. Баарыбыздын көздөрүбүзгө нур жаагансыды. Дайра толкугансыды. Кыргыз талаалары тартылды, каректерге. Комуз үнү жаңырды кулактарда. Жүрөктөргө назик туюм орноду. Мындай абал дайым эле боло бербестей. Кандайдыр бир сыйкырдуу дүйнөгө кабылгансыдык. Көкүрөгүбүз тазарды. ээ 70Баарыбызды ушундай абалган кептеген «Аалам. Акын. Кыргыздар» аталыштагы ажайып китепти боорубузга бекем кыстык. Китеп өмүр чырагы деген накылдын таамай айтылганына дагы бир ирет ынануу менен бирге бизге бөлүнгөн убакыт соңуна чыккан соң үй үйлөрүбүзгө көңүлдүү тараганы Элчиликтин кеңсесинен сыртты көздөй агылдык. Ал эми сыртта болсо бизди күү шаа түшкөн мегаполис Москванын демейкиден бир башкача ажайып түнү күтүп турган эле…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ. Акын, журналист.
Кыргыз Улуттук жазуучулар сойузунун мүчөсү,
Маскөө шаары. 14.11.2014.

Nov 12

«Кыргыз» сөзү..

ээ 70«КЫРГЫЗ» СӨЗҮ КЫЯНАТТЫКТЫ КӨТӨРБӨЙТ!

Кыргыз улутунун тарыхы эң узун экенин жазма булактардан билип, окуп келебиз. Атап айтсак, кыргыз улуту тургай, «Кыргыз мамлекети» деген сөз, биздин санактан 300 жыл мурда эле, Кытайдын тарыхынын бабасы болгон Сыма Чандын «Тарыхый эстеликтер»(史记)аттуу дүйнөгө белгилүү тарыхында жазылып калган. Бирок, ушундай узак тарыхка ээ улуттун аты болгон «кыргыз» сөзүнө «кыянат» кылуу ушул күнгө чейин басылбай келет. Ал жөнүндө мындан 70 – 80 жыл мурда (1940 – жылы) кыргыздын өз кезинде китепти эң көп окуган окумуштуусу Талып молдо мындай кейигени бар: «Жаш теринин бучкагын чоймологондой, кийинки кездерде, кээ бирөөлөр <кыргыз> деген сөздүн өзүн өйдө- ылдый чоймолой берчү болду …»① Ушул чоймолоо эмдигечейин токтобой, кадыресе күч алып, бүгүнкү «жаан айнек» болгон интернетте, арийне кээ бир окуулуктарда, тарыхий китептерде «кыргыз» сөзүнө кыянаттык кылуу менен, кыргыздын тарыхынын тамырына балта көтөргөн «кара көлөкө» барган сайын бадырайып көрүнүп келет. Биздин бул макалада «кыргыз» сөзүнө кыянаттык эки жактан болуп жатат: бирөө, «кыргыз» деген сөздү «буруп» айтып, кыргызды тарыхтан удургутуу кыянатчылыгы; Ал дагы бирөө, «кыргыз» сөзүнүн маанисин бурмалап түшүндүрүү аркылуу кыргыздын түбүн «атасыздыкка» алып кетүү кыянатчылыгы болуп жатат дегенди көрсөтүү максат кылынды. Анда, айтар сөздү баштайлы.

1. «Кыргыз» сөзүн буруп айтуу кыянатчылыгы.

«Кыргыз» деген ушул сөздүн айтылышын жана маанисин изилдөөнүн тарыхы да узун болуп, биз көргөн маалыматта, биринчи жолу ушул сөздүн айтылышын, маанисин териштирген киши кытайдын атактуу чөлкөм таануучусу, географы Жа Дан (780- 805) аттуу окумуштуу болгон экен. Ал кишинин биздин санактын 801 – жылы жазылып бүткөн «Чар тараптагы байыркы жана азыркы аймак, дубандардын баяндары» аттуу 40 ором китеби жана ага коштолгон картасы болгон. Ошондо, ал китепке кыргыздарды киргизгенде, «кыргыз» деген сөздүн жазылышын жана маанисин изилдеп көргөн. Мында, «кыргыз» деген сөздүн маанисин уйгур котормочудан сураганда, ал «кызыл жүз» деген маанини берет, ошондой айтылат, дегенине карай тыбыштап жазган деген жоромол бар. Бирок, географ Жа Дандын Кыргызды ошол кездеги кытай тилинин фонетикалык айтылышы боюнча «ки-ке-си» («黠戛斯») деген үч иероглиф менен жазышы «кыргыз» сөзүнүнүн түпкү аталышына жакын болгон. Ошого, кытай жазмаларынын көбү ушул жазылышты колдонгон.

Болуп да Таң падышалыгы кезинде ушундай жазылуу жалпылашкан. Ал эми чөлкөм таануучу Жа Дан эмне себептен ал изилдөөсүн баштады дегенде, кыргыз улутунун аты андан мурдагы кытай тарыхий булактарында түрдүүчө тыбышталып жазылып жүргөнүн байкаган. Ошого ал анын бир улут экенин билип турса да ар башка жазылышы менен айтылышын, улут атынын маанисин чечмелеп калыпташтырып жазууну максат эткен. Чын эле, кытай тарыхий булактарын карасак, биздин санактан мурдагы 3- кылымда биринчи жолу Сыма Чандын «Тарыхий эстеликтер» («史记») эмгегинде кыргызды Хан падышалыгы кезиндеги кытай тилинин тыбыштык айтылуусу боюнча «kek- kun» («隔昆,鬲昆») боюнча жазган. Мындай жазуунун түбүн изилдөөчүлөр байыркы моңгулча же хондордун айтымы боюнча кыргызды «Qirghun» айтылышы боюнча жазган өңдөнөт деген жорумду да айтышканы бар. Кытай тарыхы булактарында чын эле кыргыз улутунун атын ар кайсы доордо ар кандай иероглифтер менен тыбыштап туюнткан. Андай көп түрдүү жазылуусу тархчылар жагынан, же өз кезиндеги кытай тилинин тыбыштоо жүйөсүнөн улам болуусу мүмкүн экенин, бирок ушунун бардыгы кыргыз деген улут аты экенин бүгүнкү кытай тарыхчылары эмгектеринде эч кандай жазганбай эле айтып келе жатат. Ал тургай, биздин санактын 843- жылы кыргыз элчисин кабыл кылган жана ал элчилерден кыргыздардын этногирафиясын сурап, китеп жаздырган Таң падышалыгынын вазири Ли Дыйү кыргыз элчисинен «кыргыз» сөзүнүн айтылышын түз эле сурап, ал китепке кыргыздын улут атын «ke-kuet-sie» (纥扢斯) деп жазган. Бул жазуу кыргыз улутунун өзүнүн оозунан айтылышын сурап 1- жолу тактап жазылышы болгон. Кийин, 843- жылы чын курандын 5- күнү кытай падышасы окумуштуулар менен акылдашып, «кыргыз» улут атын кытай жазмаларында калыпташтырып, окумуштуу Жа Дандын кытайча тыбыштап жазуусу боюнча «Get-ket-sie» («黠戛斯») боюнча атоону бекиткен.② «Кыргыз» сөзүнүн кытайча жазылыштарынын көптүгү ошол кездин императорунун көөнүн бурган. Ал эми падыша атайын жазмача коолу түшүргөн жогорку жазылыш «кыргыз» сөзүнүн өз атоосуна, кыргыз тилине абдан жакын болгон. Ал эми азыркы тарыхчылар, атап айтканда, кыргыз тарыхын баяндоочулар кытай тарыхы булактарындагы жогорку жазылыштардын бардыгы «кыргыз» деген сөздүн кытай иероглиф менен тыбышталып жазылышы экенин моюнга албай, алса да удургутуп «гиянгүн, гегун, хиягас, хакас»③, ал тургай «жиянкүн» деген сыяктуу «кыянатчыл» айтылыштар менен айтып, кыргыз тарыхы боюнча кытайча жазма баяндардагы «кыргыз» сөзүн өз олутунда которуп айткысы келбей жүрөт.

Анын себеби, Никита Яковлевич Бичурьн (1777- 1853) кытайча Таң доорунда жалпылашкан «黠戛斯» жазылышын «Хагас» деп тыбыштап, 19-кылымдын кытай тилинин окулушу менен чалгырт жазып салгандыгы башкы себеп болгон. Андан кийинки Бичурьндан пайдаланган эмгектерде бүт эле «кыргыз» сөзү «хагас, хакас» болуп жазылып, байыртадан жаркын тарыхы бар, жазмаларда айкын жазылып калган кыргыз тарыхын бүдөмүктөштүрүүгө алып келинген. Бышыктап айтканда, кыргыз тарыхы кытай жазмаларындагы түрдүүчө жазылган иероглифтердеги «кыргыз» сөзүн, кыргыз тилин өз ичине алган башка тилдерге «кыргыз» деген түпкү аталышы менен которуп жазганда анан кыргыз тарыхы төп баяндалган болот. Себеби, кыргыздын тарыхын, тегин, жайгашуу ордун так билүүгө кытай жазма булакары гана негиз болуп берет. Бул сөздү академик В. В. Бартолъддин сөзү менен айтсак: «…бир кыйла мурунку кытай тарыхий чыгармаларына караганда, кыргыздар жөнүндө бир топ толук маалыматтарды табабыз.»④ – дейт. Чынында, академик Бартолъд да кыргыздар жөнүндө жазган маалыматтарынын бардыгы Бичуръндин котормосун такоол кылып, кытай тарыхы булактары боюнча далилдеген.

Айтмак, «кыргыз» сөзүн кытай жазмаларында тактап айтуу аракети илгертеден азырга чейин болгонуна, ал тек бир гана улуттун аты экенин ырастоо аракети канча кылымдардан бери келе жатканына карбай, кыргыз тарыхын баяндаган тилдерде кытайдын байыркы иероглиф тыбыштап айтуусун азыркы тыбыштап айтууга ыктатып барып, ал же кытайча айтылуусу эмес, же кыргызча айтылуусу эмес, атап эле айтканда, эч нерседе жок болуп чыгуучу тилге, сөзгө айландырып, ачык- жарык тарыхка «кара көлөкө» түшүрүү максатына жеткели калганын айтуу кези келип турат. Төмөндө, пайдалануу үчүн, кытай окумуштууларынын изилдөө ийгилиги катары тыянакталган «кыргыз» сөзүнүн ар кайсы доорлордогу иероглифтик жазылуусу жана ошол доордогу, азыркы айтылышын салыштырып берүүнү туура көрдүк.
Бул салыштыруу жадыбал кыргыз тарыхын изилдөөчү тарых илимдеринин доктору Ваң Жиенин эмгегинен пайдаланып түзүлдү.⑤

Мында айтмакчы, узаккысы, 843- жылы Кытай императору «кыргыз» сөзүнүн түрдүүчө жазылышы бир эле улуттун аты экенин ырастап коолу түшүрсө, жакынкысы, кытай окумуштуулары ар доордогу кытай тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүнө салып, ошол ар түрдүү жазылыштардын бир эле улут атынын түрдүүчө айтылышы экенин далилдеген изилдөө ийгиликтери «кыргыз» сөзүнүн кытайча ар кайсы доордогу иероглифтик жазылыштарын бүт эле «кыргыз» деп которуу жана түп нускасы боюнча атоонун негизи эчак жаралганына негиз болуп берет. Ал эми, түп нускасы дегенибиз, «кыргыз» деген сөздү ушул улуттун өзү байыртадан кыргыз эле деп келгенин, «кыргыз» байыркы орхон- энесай ташка тамга басылган жазууларда кеңири айтылган. Ал Арап- Парыс жазмаларында да «кыргыз» сөзү анча- мынча тыбыштык удургуулаарга учураганын эсепке албаганда, «кыргыз» болуп эле жазылып жүргөнүн көрсөткөнүбүз эле. Ушул негиздерге сөөнүп, ар доордогу кытайча жазылган «кыргыз» иероглифтик жазууларын бүт эле «кыргыз» деп алсак болот. Аны «Гянгүн, Жянкүн, Хягас, Хакас» деп удургутуп атоонун кыргыз таанууга зыяны көп, ал байыркы кытай тилине жана кыргыз тарыхына кыянаттык болот.

2. «Кыргыз» сөзүнүн маанисин бурамалоо кыянатчылыгы.

«Кыргыз» сөзүнүн тарыхий жазмаларда айтылуусун буруп айтуу кыргыз тарыхын удургутууга алып кетсе, эми «кыргыз» сөзүнүн маанисин чечмелейбиз деген шылтоо менен «40 кыз» аңызын баш кылган аңыздарды улутка таңуулап, тарыхы бар, бирок «атасыз» улутка айландыруу «кара көлөкө» кыргыздын башында айланып жүргөнүнө да нечелеген кылымдар болду. Ушул эле «40 кыз» уламышына мындан 100 жыл мурда, кыргыздын биринчи тарыхчылары, окумуштуулары ачууланып, ал тургай ыйлаганга чейин барганы (Белек Солтоноев), кейигени, арданганы бизге белгилүү. Биз ошол ардануулардан ушул күнү да сабак алсак болот. Ал үчүн арданган тарыхчы, санжырачыларыбыздын сөздөрүнөн үзүндүлөр окуйлу. Осмоналы Сыдык уулу: «кыргыз кырк кыздан»,- деп Шайых Мансурдун бир нече акылга макул болбогон жомоктору айтылып келген.

Көрпө- тери алдап алуучулардын сөздөрү жанымдан өтүп, он беш жылдан бери аңтарып, текшерип, 200 миң кыргыздын ата- бабаларын таратып, Адам алейи саламга жеткиздим. Биз да асыл заттан экенибизди билсин үчүн, 15 жылдык мээнетимди бир саатча көрбөй, калем термете баштадым.»⑥- деп, ардануу менен эл кыдырып «Муктасар тарыхы кыргызыяны» жазыптыр. Андан соң, кыргызда китепти эң көп окуган Талып молдо: «кыргыз деген кырк кыз деген сөздөн келип чыккан дешет. … Өз тилинде жазылган белгилүү тарыхы жана тарыхты терең билген кишиси болбогон кыргыз эли «кожом айтты, кырк кыздан таралган экенбиз» дешип ишенип калат. «Кырк кыз көбүктөн бойкат болгон, дагы кырк кыздын сарайында бир кызыл ит жүрчү экен, кыргыздын теги ошол» дегенди ойлоп чыгарып, кыргызды «Акеша» аттуу саабага байлап айткандар да болгон. Бул сөздөр божомолдорго, шылдыңдоолорго байланышканы сезилип турат, ал сөздөрдө эч кандай деле чындык жок»- дейт.⑦ Кыргыздын тарыхын биринчи жолу өз тилинде жазган Белек Солтоноев: «1895- жылдын аягына жакын бир күнү Фрунзе (азыркы Бишкек) калаасындагы бир дүкөнгө кирсем, жыйылуу турган көп китеп бар экен. Китептериңизди алып бериңиз, көрөйүн десем, дүкөнчү бир топ китептерди алдыма койду. Билүүмдө дүкөнчү өзбек болсо керек эле.

Китептерди карасам, «аптийек», «сополдияр» сыяктуу китептер экен. Жакшы, сулуу тышталган үч- төрт китепти кайта алганда: “Ал эмне китептер?”- көрсөтсөңүз, дегенде, “булар тарых китептер, сизге ылайыгы жок”, деп кайтадан алып койгондо, тарых китептер дегенине кызыгып, тарых кабарын карыялардан уга келгенимден өтө каадаланып сурай баштадым. Бербеди. “Сатыңыз” десем, “саган тарыхтын кереги жок, кыргыз кырк кызды ээрчиген бир иттен таралган, атаңар ит, энеңер кырк кыз”, дейт. Бул сөзгө аң- таң калып, дүкөнчүнү бир аз карап туруп, жаш башым ызалыктан ыйлай жаздап, жанымдагы жолдошумдан уялганымдан араң басып кеттим. Кыргыз анык эле иттен таралганбы? деп көбүрөөк ойдо калдым. Ошондон баштап кыргыздын анык кайдан таралып чыкканын билмекке орусча, мусулманча китептерди издеп таап, ала баштадым…»⑧. Ошону менен «Кызыл кыргыз тарыхы» аттуу китеп жазылган. Андан да катуу арданган киши Балыкооз санжырачы болуптур. Ал киши өз санжырасында: «…арап тарыхчылары, эшендери, кожолору атабызды кыргызбай кылып, аны кырк кыздан туудуруп, ал кырк кызды шаа (шах) мансур деген олуянын көбүгү менен бойкат кылып, ал (шаа мансурду) Мухамметтин саабасы «Укка шаадан» таратып, ошонун тукуму кылат. Ошону менен кыргыз таза эле арап тукуму болот. Бул мээси бар адам айран кала турган иш»⑨,- дейт, катуу арданып, андан соң, өз санжырасында Шаа Мансур ким экенин, анын «анал да ак, мен да ак» деген уламышы кандай айтылганын так жазып, өз кезинде, эшендер софизимин таратканда, кайсы бир элди сөөгүнөн мусулмансыңар дегенге көндүрүү үчүн түрдүү аңыздарды, тотемдик жомокторду курашып чыкканын, ошонун күчтүү далили «40 кыз» аңызы экенин катуу айтып, тээ байыртадан бери тарыхы бар, маданияты бар кыргыз элин кечээки 10- кылымда жашап өткөн Шах Мансурдун тукуму кылганына Балыкооз санжырачы абдан кейиген, арданган.

Ал эми Шах Мансурдун ким экенин таанылуу тарыхчыбыз Анвар Байтур мындай айтат: «Ал софизимдин алгачкы өкүлү болуп, толук аты «Үсейин Ибни Мансур Аллаж» экен. Ал жаңы санактын 858- жылы Ирандын Тур шаарында туулган. Пахта атыш менен күн көчүрүп, кийин софулук жолуна кирип, софулукту үгүттөгөн. Анын негизги таалиматы «инал ак, минал ак» (ак Худа менде көрүлдү) деген алдамчылык болгон. Ал объектив чындыкты четке кагып, өзүнүн субъектив оюн чындык деп караган. Анын мындай караштары ошол кездеги феодалдык окуяларды төгүндөө болуп, исламга жана ислам философиясына каршы болгондуктан, мусулмандар соту алдамчы күнөөсүнө айыпталып жаңы санактын 922- жылы Арап Аббасыя халпасы жагынан кескиленип өлтүрүлгөн.»⑩
Көрсө, бир кылым мурда эле кыргыз тарыхчылары катуу арданган бул кыргыздын тарыхын бурмалаган аңыз бүгүнкү күндө абдан күчүнө кирип, «кыргыз» деген сөздү издеген интернеттерде «кыргыз улутунун атынын мааниси, 40 кыз» болот деп жазылуу турат. Ошону менен, «кыргыз» сөзү «кырк кыз» менен тең ата болуп эркин жашай баштаган кез болду. Буга арданбас адамдарыбыз анын илимий негизи, же элдик негизи жок экенин ойлоп койбой келет. Илимий негизи жок экени, бул аңызда айтылгандай адам көбүктөн бойкат болбойт; Ал элдик негизи жок дегени, бул кыргыз улутунун эл ичинде жаралган тотемдик жомогу эмес, софучулдар ойлоп таап, аны молдолорго жаттатып, таңуулаган нерсе болчу. Анын түбү- жайын сурабай, кээ бир окумуштуулар 1960- жылдарда эл ичинен чогултулган элдик адабиятта кыргыздар өзү айтып берген дегенге шилтеме жасашып келүүдө. «Эл ичинен» дегенге баятан айтылгандай 10- кылымда тараганы чын, анын таратуучу автору да бар. Бирок, бул аңызды кыргыз аңызы дегенден көрө, Шах Мансур софизимчинин аңызы болуп, аны кыргыз молдолоруна үйрөтүп кеткен десек өз ордун табат. Кыргыз эли «40 кыз» аңызын өз улутунун атынын чечмеси кыла албайт. Ал − кыргыз тарыхына кыянаттык кылган сандырак.

«Кыргыз» сөзүнүн чечмесин кыргыз улутунун өзүнүн эң байыркы уламыштарына негиз, мындан нече кылым мурда эле жазмача маалыматтарда туура чечмелеген. Анда ошондон үзүндүлөр келтирели. «Телгикул Эхбар» аттуу беделдүү китепте: «…кыргыздар тегинде, огуз хан урпактарынан болгон, түрк урууларынын чоң уруусу, кадиресе Огуз хандын жакындары жана жан кишилеринин тукумунан экен. «гуз» сөзү «огуз» сөзүнүн кыскарышы болуп, «гуздар» хыжарыянын 5- кылымынан мурда, ислам жерине барган. Ислам дининдегилер менен Гуздар арасында көптөгөн окуялар болуп өткөн экен. Огуздар мусулмандар жагынан «гуз, гузийе» деп аталып наам чыгарган. Түрк сөздүгүндө (тилинде) «курук – Талаа» маанисин бере турган «кыргузы», арийне «кыр (талаа) гуздары» жер мааниси менен айтканда, «гуз кыры» (гуз талаасы) деген маанилер менен аталат.

Мындай болгондо, «кыргыз» деген аталма «курук – чөл>», кыр- талаада жүрө турган Гуздарга энчилүү ат болуп калган. Мейли кандай болгону менен, «кыргуздардын» (кырдагы Гуздардын) ата мекени Орустар жана башка Эвропалыктарга чейин атактуу болуп келген «Ала- Тоо» кыркалары эсептелет. Бул тоону «Ала- Тоо» аташтын себеби, аталган тоо дайыма кар менен капталып, жаз саратан күндөрүндө, кээ бир бөлүгүнүн кары эрип ала- була көрүнгөндүктөн «Ала- Тоо» деп аталган. «Алтай» сөзү «Ала- Тоо» сөзүнүн өзгөртүлмөсү болгон…»⑾. дагы бир беделдүү китеп Нежим Асым түзгөн «Түрк тарыхы» аттуу китеп болуп, анда ошол эле «кыр огуз» сөзүндөгү огузду мындай чечмелеген: «Огуз − Гуз сөзү байыркы түркү тилинде «чоң дайра» маанисин туюнткан «огуз» (Euguz) сөзүнөн өзгөргөн болушу мүмкүн. Андай болгондо, «кыргыз» деген сөз «кыр огуз → кыр гөз → кыр гуз» болуп өзгөрүү натыйжасынан айтылган болот. «кыр огуздун» мааниси «кыр дайра» кадыресе «талаа дайрасы» болот. Мындан кыргыздар байыркы убакта жашаган жергеси − Энесай жана Анкара муран (Ангара) дайраларынын кең жайык түздүгүндө экенин туюнткан сын атооч аныктап айтылганы билинет. Андай болушу, байыркы кездерде, көптөгөн урук- уруулар өздөрү жашаган жерлердин аты менен аталган. Кээ бир жорумаларга караганда, «гуз» сөзү да «огуз» сөзүнөн өзгөргөнү айтылат»⑿.

«Кыргыз» сөзүнүн маанисин чечмелегенде, «кыр- огуз» (талаа огузу) деген маанини айтсак, ата- бабанын тарыхына кыянаттык кылбаган болобуз. Кадиресе Абулгазынын шежиресинде айтылган «Огуздун 24 небересинин бирөө кыргыздар» деген айтымга так түшөт. Ал эми «40 кыз» уламышы улуттун атын түшүндүрүп бермек турсун, урпактарды ардантып, ыйлаткан жорук болот. Тарых адамдардын байыркы маданиятын, баскан жолун айтып берип, ата- бабасынын иштери менен урпактары сыймыктанып жашоого алып барганда, анан өз кызматын өтөгөн болот. Кордонтуу, ардантуу сандырактарды тарыхтын элегинен түшүрүп салганда, анан тарыхка илимий мамиле жасап, улутка пайдалуу иштеген болобуз.

Кармиштегин Макелек ӨМҮРБАЙ уулу, «Тил жана котормо» журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору.

Nov 12

Караш-караш..

ээ 70Сүйөркул ЧОКМОРОВ: «МЕНИН ИНИМ КАНДАЙ АДАМ ЭЛЕ?»

Адам акка моюн сунганда бейит башында турган адамдарга карап үй-бүлө мүчөлөрүнөн же урук-туугандарынан бири:
– Кандай адам эле? – деген суроону таштайт. Маркумдун тирүүсүндө кетирген кемчилиги, жасаган күнөөлөрү болсо да жамы журт жапырт бир ооздон:
– Жакшы адам эле! – деп жооп беришет. Анан ушуга улай:
– Кимде карызы бар эле? – дейт.
– Карызы жок! – дешет.
Ата-бабам жердеп келген ушул алакандай айыл четинде туруп азыр ар түркүн ойго батам. Көзү өтүп кеткен адам туурасында ойго баткан кезде аттиң, азыр тирүү турса болбойт беле деп бир умсунуп алмай адатыбыз бар эмеспи. Чындап эле менин иним кандай адам эле? Менин инимдин кимде карызы бар эле?
“Кандай адам эле?” деген суроону азыр арадан 22 жыл өткөн кезде кайрадан калкыма бир кайрылып бергим келет:
– Оо, журт! Менин иним Сүймөнкул кандай адам эле?

Өткөндө РСФСРдин эл артисти Никита Михалковго Сүймөнкул Чокморовго тийиштүү иш-чаралар туурасында өтүнүчтөр менен кайрылайын деп телефон чалдым. Сүймөнкулдун бир тууган агасы болом десем, телефондун аркы учунан:
– Оо-й! Сиз Сүймөнкулдун бир тууган агасы болосузбу!? Сүймөнкул деген кандай адам эле?! Сүймөнкулдун искусстводогу салмагын эч ким көтөрө албайт! – деди.
Кыргыздын алакандай айылы болгон Чоң-Таштан чыгып, атагы ааламга тараган Сүймөнкул туурасында эскерип отуруштун өзү мен үчүн аябагандай оордукту жаратат.

…Бардыгы, бардыгы кайрадан көз алдыма тартылат. Ушул чакан айылыбыз. Чакан үй ичинде алышып-күрөшүп ойногон күндөрүбүз. Ойносок оюнга тойбойт элек. Сүймөнкул үйүбүздөгү эркектердин ичинен эң кенжеси болгондуктан атам Чокмордун сүймөнчүгү эле. Кызык, ошогезде атабыздын ушул сүймөнчүк уулу бүтүндөй кыргыз журтунун сүймөнчүлүгүнө айланат деп кимдин түшүнө кириптир?! Менден үч жаш кичүү Сүймөнкул бала кезде эле сүрөт тартканга кызыкты. Окууга дилгир эле. Бала чагында эле оору менен алпуруша баштаганын көрүп апабыз менен кошо биз да кейип-кепчип калар элек. Көрсө, адамдын эң чоң бактысы ден соолук тура. Ден соолук деген сөздү эстегенде Сүймөнкулду, Сүймөнкулду эстегенде ден соолук тууралуу ойго кетем. 53 жашка чыгып кан тамырларына 56 операция жасаткан Сүймөнкулдай ден соолуктун баркын ким билээр эле дейсиң!?

1992-жылдын жай айында ошол элүү алтынчы операцияны борбор калаабыздагы республикалык ооруканадан жасашты. Операция абдан оор болду. Баарыбыз инибиз аман-эсен болсо экен, Кудай ага өмүр берсе экен деп тилеп аттык. Ооруканага ат тезегин кургатпай каттайбыз. Операциядан кийин эки-үч күн өтпөй жаны кыйналып аткан инимдин палатасына башбактым. Экөөбүздөн башка эч ким жок. Мен инимди тиктесем, иним мени тиктейт. Ал-абалын сурап, колун кармап жанына отура кеттим.

– Ө-өх!.. – деди үшкүрүп кеберсиген эрди менен шыпты тиктей. Жанын жай алдырбаган дарт шордууну огобетер кыйнап, эти от менен жалын. Мындайда эмне дээриңди да билбей калат экенсиң. Зээним кейип, унчукпай жер тиктейм.
– Мен болбой баратат окшойм, – деди үнүн араң чыгарып. Жүрөгүм кысыла түштү. Мурда эч качан, эч качан мындай кеп оозунан чыкчу эмес. Чындап эле ажал аңдып отуруп акыры инимди алып тынабы? Он жыл бою бөйрөк дартынан ооруканага жумасына үч ирет каттап, канын тазалатып анан үйүнө кетчү. Он жыл бою ушундай тартипке көнүп, эрки болоттой курч Сүймөнкул бул саам ажалга багынып береби дедим ичим муздап.

Сүкө 3– Мен болбой калдым… – деди кайрадан ачуу үшкүрүп. Селт эттим. Жүзүнө үңүлсөм мүлдө кыргыз журтунун сүйүктүү уулу делген инимдин көздөрүнөн жаш шорголоп жаак ылдый агып атат. Олда, каралдым ай! Эми кандай айла кылабыз? Эми эмне болот? Буга чейин бир да жолу эми болбой калдым деп көзүнөн жашын төкпөгөн кайраты күчтүү жан ушул ирет күч-кубаттан тайып, ажалга моюн сунуп береби!?

– Кой, айланайын, жакшы болуп кетесиң, – дегенден башка кеп оозума келбеди. Аздан кийин эсин жыйды да мени алаксытмакка ушул ооруканага болор-болбос дарт менен келип жатып алып ар нерсени кобурашып отурган айрым адамдар тууралуу сүйлөдү:
– Ыя, кандай ойлойсуң, тээтигил адам тамагым ооруп калыптыр деп ушул жерге атайы жатканы келиптир. Атаңгөрү, убакытты да ушундай уттурушабы! Кайран гана корогон алтын өмүр, убакыт.

Тамагың ооруса спорт менен машык да үйдөн эле дарыланып, анан тынбай иште! Мага Кудай ушулардыкындай ден соолукту берсе, эмне деген иштерди жасап жетишээр элем, аттиң! – деди. Биртопко отурдум. Анан убакыттын учуп атканын байкай калдыбы, айтор мага:
– Сен үйүңө бар. Жумуштарыңды бүткөр. Бул жерде жанымда отурганда не? Дагы келип кетесиң да, – деди бардыгына жаккан сүйкүмдүү жылмаюсу менен.

Тамырларына кан жакшы жүгүрбөй, денесинен эч тамтык калбаганын көрүп алып денең ичиркенет. Ийне менен алгач сол колун, анан оң колун кан жүгүртөбүз деп тешкилей берип ийиндерине чейин соо жери калган жок. Анан кезек сол буту, анан оң бутуна келип жоон санга дейре жетти. Туш келди ийне менен тешкилей беришти. Акыры эмне кылар айла табалышпай жасалма тамыр салышты. Денесиндеги жасалма тамырлардан кан жакшы чуркабай, улам далысы кычыша берет окшойт, үйүнө барып калганда далымды тырмап берчи деп өтүнөт. Ошондо колу-бутундагы тактарды көрүп алып кино үчүн, искусство үчүн, кыргыз элинин атагын алыска угузам деп ден соолугуна да кайыл болуп каржала иштеген кайраттуу адамдын чыдамкайлыгына тан берип, ушул адам бир тууганым жана бир боорум экенин эстей коюп ичимден сыймыктанам да, анан Кудай Сүймөнкулга бардыгын, өң-келбетти да, ойду да, бойду да, талантты да, даңкты да берип келип неге ден соолуктан айрып коет деп ичим эңшерилчү.

Он жылдык өмүрү оорукана менен үйдүн ортосунда өттү. Үч күндө бир ооруканага каттап, ооруканадан чыгып алып өнөрканасына жүгүрүп барып сүрөт тартып, жакынкы аралыктарда биротоло кетип калчудай кара терге түшүп убакытты үнөмдөгөнгө далбас урду. Ошол он жыл ичинде буга чейин болуп көрбөгөндөй көп сандаган сүрөттөрдү жаратты.
1967-жылы апабыз дүйнөдөн өттү. Сүймөнкулга суук кабарды угузайын деп мотоцикл менен бир досум экөөбүз Кордой тарапка жөнөп калдым. “Караш-караш окуясы” фильмине тартылып аткан Сүймөнкулга кабар берейин десем, кино тартуучу топтогулар мени кете бер, биз өзүбүз кабар берели дешти. Үйгө келдим. Арадан эки саат өтпөй Сүймөнкул ааламда теңдеши жок апабызды жоктоп артымдан катуу өңгүрөп кирип келди. Кийин киносу экранга чыккан кезде Сүймөнкул “атаңгөрү ай, ушул эмгекти апам көрсө болбойт беле?!” деп катуу өкүнүп жүрдү. Апабыз Сүймөнкулдун кинодо жараткан эмгектеринин бирин да көргөнгө үлгүрбөй калды.
Суусамыр тараптабыз. Сүймөнкулдун “Караш-карашта” аты сууга агып кетип, таш үстүндө жатып өңгүрөп ыйлаган эпизоду тартылганы жаткан. Бир маалда режиссер Болот Шамшиев ташты кучактап жаткан Сүймөнкулга:
– Сүймөнкул! Сенин атың сууга агып кетти! Эми канатыңдан айрылдың! Азыр аябай ыйлашың керек! – деди. Бир-эки жолу айтты. Же ый чыкпайт. Саамга ойлоно калган Шамшиев:
– Сүймөнкул! Кечээ эле сен апаңдан айрылбадыңбы! Апаңды эстечи! Кандай адам эле? – деди. Чындап эле апабыз ушак-айыңдан алыс, өзүн сабырдуу кармаган мээрими күнгө теңдеш жан эле. Апабызды чындап эстей койдубу, айтор таш үстүндө жатып өңгүрөп Сүлүккара деп ыйлап ийди Сүймөнкул. Мен да кино тартып аткан топтун жанында туруп ичимден апамды эстей калып ары карап кеттим…

“Караш-карашта” атынан айрылган Бактыгул Жарасбайды жайлайм деп мылтыгын кармап алып тоодо таштан-ташка секире өрдү көздөй бараткан эпизоду тартылмакчы. Дал ошол мезгилде Сүймөнкул өпкөсүнөн ооруп бейтапканага жатып калды. Сүймөнкулдун ден соолугун мурдатан билген режиссер Шамшиев Сүймөнкул жок болсо бой-келбети окшош деп мени Бактыгулдун айрым эпизоддоруна даярдап жүргөн. Мына ошол таштан-ташка секирип бийик тоого чыккан жерине мени тартышты. Кинонун анык азап экенин ошондо түшүндүм. Ошол он-он беш секунддук ирмемди тартыш үчүн режиссер азапка салып күнү бою тоого чуркатып атып алты күн дегенде араң тартты.
Андан кийин киного түк түшкүм келген жок. Бирок, бир жолу “Уланды” тартып жүргөн режиссер Төлөмүш Океев бир эпизодго мени тартам деп кыйнай баштады. Соң-Көлдөн тартылмай болдук. Азат Майрамовдун ролун аткарып аткан Сүймөнкул ичкиликтен эртеси башы кеңгиреп ооруп түш көрөт эмеспи. Түшүндө бала чагын, жайкалган жайлоону, анан кайсы бир ат чабышта марага биринчи келип атасы эл көзүнчө сыймыктанып уулун көккө ыргытканы, анан бозүй ичинде отуруп кымыз ичип кызыганда атасы уулум чоңойгон турбайбы деген эпизоддор. Азат Майрамовдун атасынын жаш кезин аткармакчымын. Улам кайталашат. Же окшошсочу!? Ой, тим эле койгулачы дейм. Ага Төлөмүш көгөрүп болбойт. Бир убакта ары ээн жакка жетелеп барып Төлөмүш мага бир бөтөлкө арак бузуп сунуп калды. Ичтим. Уялбасын деди окшойт. Кайра келдик. Дагы эле аткара албай уялам. Жарданып тегеректешкен артисттерден тартынам. Эптеп атып бетимдин жарымын көрсөтүп тартышты. Ал эми Сүймөнкул… Сүймөнкул болсо кино тартуучу аянтта тартыла турган сюжетти бат илип алып режиссерго мындай кылып ойноп койбоймбу деп кайра өзү башка нерселерди ойлоп таап кетчү.

Сүймөнкул сабырдуулукту, чыдамкайлыкты апамдан алса, комуз чертип өнөр кастарлаганды, атка жакындыгы, устачылыгы атамдан өттү окшойт. Атам Чокмор 1914-жылы Кордой тараптан көкбөрү тартышка катышып улакты эңген боюнча ушул Чоң-Ташка чейин чаап келип айылыбызга таштаган дешет. Демек, апабыз менен атабыздагы бардык жакшы сапаттар Сүймөнкулга энчиленген…

Данияр ИСАНОВ. Маалымат булагы  “Жаңы Агым” гезити.