Oct 31

Ой толгоо..

ээ 74УЛУТУМ ТУУРАЛУУ ОЙ ТОЛГООЛОР.

Мен кадимки өз улутумдун тарыхы, табияты, маданияты, учурдагы турмушу жана башка өзгөчөлүктөрүнө кызыккан карапайым эле кыргыз уулумун. Ошондуктан ушул багыттагы өз ойлорумду сиздер менен бөлүшкүм келди.

СӨЗ ЖАНА НАМЫС.

Башатыбызды сөз дүйнөсү менен баштасак. «Өнөр алды кызыл тил» дегендей сөз болбосо, адамдар пикир алышпаса, ойду түшүндүрүп айталбаса, алга жылуу болбосу баарыбызга маалым. Керек болсо Кудайдын китептеринде «Эң биринчи сөз болгон. Сөз Кудайда болгон» деп башталган эмеспи. Бүгүнкү күндө кыргыздын эң зор мактанаарлык таянычтарынын бири сөздөн куралган дастандары. Элибиздин улуулугу да ушунда, касиети да ушунда. Азыркы учурда элдик касиеттерибиздин жоголуу коркунучу мына ушул сөз кудуретин туйунбай баратканыбызда. Элибиздин жакырлыгы, алакандай өлкөбүзгө батпай кеткен ар кыл көйгөйлөрдүн баары, акылгөй деген аткаминерлерибиз баш болуп, сөз күчүнө таасирленбей калуубуздун тыянагы. Элибизде абалтан бери чийинден чыккан журт бузарды да, керек кезинде бир сөз менен жолун бууган. Не бир кески болбосун кепке чалынганда намысын тепсеп кете алган эмес. Сөз – абийирге тийген, намысты ойготкон, кайдыгерликти кубалаган. Кайдыгерлик каныбызда бар дейбиз. Каныбызда айтылган ал кайдыгерлик эмес, ал кабелтеңдигибиз. Кабелтеңдик менен кайдыгерлик эки башка нерсе. Тарыхта эмне деген гана каар замандар болбогон, эгер кыргыздын затында кайдыгерлик болгон болсо, анда тукуму ушул күнгө чейин жетмек эмес. Кийинки мезгилдерде кайдыгерлик көп айтыла берип, каныбызга эми гана жабышкандай. Себеби, адам табияты ушул, ким эмнени көп кеп кылса, ал ошого тартылып кеткенин өзү да билбей калат. Мына, биз намыска тийсин үчүн айтып жаткан кайдыгерлик көп айтылгандан бери, элибиздеги улуу нерселерге болгон кайдыгерлик күч алды. Улуу нерселер деген эмне? Оо, алардын кыргыз элинде чабыты кенен. Эми аларды тизмектеп отурбай азыр эле кеп болуп жаткан «сөздү» жана «намысты» алалы. Кеп илгертеден калк арасынан, кадырман карыялардан жалганган. Баардык эл наркын, журт баркын ортого салып, чечендердин сөзүн талдап калк көйгөйүн, бейпилдигин аксакалдар тескеген. Алардын батасы жаман ойлорду камаган жана ишенимдердин ээси болгон. Сөзү сөз бойдон калып, башкача мүнөздөлгөн да эмес. Ал эми учурга келсек, сөздүн кадыры кайда калды? Кептин куну кетти. Жакшы сөздөр каапырланып, эки сөзүнүн бири энеңди… болгон арак кармагандардын оозунда булганды. Аксакалдардын батасы стаканга байланды. Кары менен жаш, аял менен эркек, нарктуу менен аракеч тең ата болуп, баш аламандык байыр алган жерден намыс качты. Намыс орноп чайлабаган жерден бузукулук оожалып кут учат. Бүгүнкү күндөгү кыргыз элинин улуттук асылдыгын чачыратчу чоң жарака дал ушул намыстын жалпы элден оолакташы болуп жатат. Ары кетпей эле акыркы жүз жылдыктан бери баштасам. Мындан туура бир кылым илгери таза кандуу улуттук намыс интернационалдаша баштап алгачкы вирустар кирди. Ошону менен жетимиш жыл бою чайкалган неме, өз алдынчалуулукка жеткенде, чоңдун командасына көнүп калгандыктан уланып–улана албай тарпы кетти. Эзелтеден улуу муун утуру кийинки муундун намыстуу тарбиялануусуна жол көрсөткөн эмеспи. Намыстуу кылып кантип тарбиялайт? Анын көптөгөн жол-жобосунун ичинен бирөөнү мисалга тартсак. Маселен, эркек бала балакатка жеткенден тартып, улак тарттырып же, жоого кошо ала барып, эр чабышына аралаштырып көйкашкалыкка үйрөткөн. Ал эми, жаңы замандыкы бул сөзсүз – армия. СССР кулаганы кыргыз бийлиги дал ушул жерден аксады. Башка тармактар сыяктуу эле туура эмес саясат жүргүзүлүп армияга да көңүл бурулбай калды. Жыйынтыгында ашып кетсе он баладан бир бала (болбосо ал дагы жок) армияга барды. Ал жактан көргөндөрү машыктыруучу майдан талаасынын ордуна офицерлердин же, айрым чоңдордун чарба-бакчасы же болбосо, дагы бир эшик кызматчысы болгондугу кимге жашыруун? Мына сага намыс! Бу да болсо улуттук менталитетке жат, батышты тууроо аркылуу мобилдүү армия түзуп ийчү болгон куру дымактын кесепети. Баарын улуттук колориттен башташ керек эле. Себеби, эзелтеден кыргыздын жоогер курамынын өзү мобилдүү болгон. Арийне буга жетимиш жыл бою улуттук бедели омурулган кыргыздын жаңы тун мамлекетин негиздөөчүлөрдү күнөөлөп кереги жок. Коммунисттик идеянын терең сиңген таасиринен кутула элек мезгил мындан дурус болуп кете алмак эмес. Баарынан да түшүнүк жеткен мезгилдеги жаңылуу жаман.

СӨЗ ЖАНА ӨНӨР.

Эми ушул эле сөзгө жалгай өнөр дүйнөсүн кошо ала турган болсок. Кыргыздар дүйнөдөгү эң өнөрпоз элдердин алдыңкыларынан деп тайманбай эле айта алам. Ээ дегенде куюлган элдик руханий бай оозеки чыгармачылыктан башталып, ошол эле музыкалык түркүн аспаптары болобу, аларды коштогон мукам ыргактары болобу, же аялзатынын не бир асыл саркечтикти ийкем жараткан кол өнөрчүлүктөрүн коштой, бозүй жабдыктары, ат жабдыктары, зер буюмдары жана ошондой эле башка элдердин колунан келе бербес (айрымдары эле бирин-экин болбосо) табигый шык өнөрлөрүнө кирген манасчылык, төкмөлүк, мүнүшкөрлүк, саятчылык, саяпкердик, жаачылык ж.б. кесиптердин баары мунун айкын күбөсү. Булар кыргыздын дүйнө элдеринин ичинен эң көөнөсү же тундарынын бири экендиктеринин асыл белгилери. Буга бул айтып жаткандар далил эмей эмне? Булар улуулук, касиеттүүлүк, кыдыр даарыгандык эмей эмне? Бул өнөрлөрдү текшилеп Теңир кыргыздан башка дагы кана кимге энчилеген? Баарынан да мен ыр тууралуу баса айткым келди. Анткени, кыргыз туулгандан тартып өлгөнгө чейин жашоосун ыр коштогон. Керек болсо акыркы сапарга дагы ыр (кошок) менен узатышат эмеспи. Ыр – сөздүн падышасы, асылы, гүлү, кептин жан дүйнөгө жагымдуу иргелген формасы. Ошондуктан дүйнөлүк рухий кереметтер ыр түрүндө айтылып, ыр түрүндө жазылган. Атай кетсек, Ыйык китептер: Куран, Забурлар жазылган, бардык пайгамбарлардын кудайды даңазалоо стили ыргактуу, ырааттуу айтылган. Гректердин «Иллияда», «Одиссейи», индиялыктардын «Махабхарата», «Рамаянасы» ыр болгон. Ал эми, ырга мынчалык басым жасалып калганы бул деген кыргыз дүйнөсүнүн туубаса өнөрү. Даярдыксыз ойдон автоматтык түрдө шыр куюлган манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк, аягы барып жамакчылык менен аяктаган элдик касиеттер мунун айныксыз мисалдары. Жада калса философиялык тереңдиктерге оролуп, эки ооз сөзгө баткан макал-лакаптарды, таасын чагылган фразеологизмдерди дагы ырга кийирсек болот. Абалтадан кыргыздардын карапайым урпактарынан өйдө жаратылышынан жорго сөзгө чебер келип, жок дегенде макалдаштырып, ар бир сөзүн мааниге чулгап сүйлөгөн. Жалпылай алганда табиятынан мындай керемет шык жөндөмдөргө жапырт тартылган кыргыздай эл чанда! Биздин өнөрпоздор кокустан келе калган асыл ойлорун турган жеринде шыр эле төгүп ырдап калса, башкалар аны багып, изденип, улам кагазга түшүрүп отуруп, жалаң карандай асыл эмгеги менен оо көптө барып жараткан. Руханий чыгармачылык жагынан азыноолак болсо дагы тереңдебестен айрым жүйөлөрдү салыштырып өттүк. Арийне, кийинки жазмаларыбызда кененирээк кайрылаарбыз. Азыр өнөрдүн башка түрлөрүнө оой берели. «Жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет» демекчи табият менен аяр мамилелеш пенде гана анын сырларын туя билет. Анын сыңары жана айтып өткөндөй кыргыздар жапан куштарды дагы ийге келтирген. Алардын ар бирин айрымалап, ички дүйнөсүнөн өйдө сезе билген, түрлөргө бөлгөн, алгырларын ылгаган, кыраандарын таптаган. Бөтөн эл кыргыздардын бүркүттөрүнө, шумкарларына, аргымактарына суктанышкан. Муну Ханзу жазмалары да далилдейт. Илбээсин куштарга байланышкан өнөрлөрдүн алиге кыргыз турмушу менен эриш-аркактыгы аркылуу, жер бетинде басып жүргөн жандыктарды мындай кой, асманда кайкыган канаттуулардын дагы амалын биринчи тапкан жөндөмдүүлөр кимдер экендигин айткым келди.

РУХАНИЙ ЖАНДУУЛУК.

Ата – албетте, баардык балдарына тең, бирок, өз колунан келгендерин биринчи тун уулуна үйрөтөт. Себеби, «Аганы көрүп ини өсөт». Антсе да, «Мурунку чыккан кулактан кийинки чыккан мүйүз озуптур» дегендей сөзсүз жашоодо баары кездеше берет. Бүгүнкү күндөгү кыргызды башка элдер менен салыштыруу дал ушул макалдар сыяктуу сезилип турат. Тагыраак чечмелесек «кулак» табигый түрдө кездешкен негизги жандуу мүчө. Жан бул сезимталдык. Ал эми «мүйүз» албетте бекем, катуу бирок, негизги бөлүгү жансыз. Кулактын жанында түптөлүп өсүп, андан бир топ озуп кетет. Айтмакчы, адамзат коомунун өсүү жолундагы маданиятты – рухий жана материалдык деп экиге бөлүп карайбыз. Анын ичинде рухий маданиятка адамдык касиетти, өзгөчөлүктү, сезимталдыкты ойготуп турган ыр, музыка, сүрөт, адабият ж.б. искусство түрлөрүн ошондой эле, акылга ширелип ойдон жаралган жандүйнө азыктарын кошобуз. Ал эми материалдык маданиятка болсо, ар кыл архитектуралык курулуштарды, техникаларды деги эле адам колунан жаратылган жансыз нерселерди киргизебиз. Биздин бабаларыбыз учур урпактарына көкүрөктө көөнөрбөс жандуу мурастарын калтырып кетти. Азыркы күндө кичинекей өлкөбүз менен андан материалдык жагынан алда канча өсүп, эчак өнүгүп кеткен мамлекеттер дал ушул «кулак» менен «мүйүздүн» мисалындай. Жансыз нерсе чирибей канчага туралмак. А тирүү нерсе тукуму уланып жашай берет.

АДАМ.

Эми дагы бир алгачкылыкка келсек. Дүйнөдө идеалисттик кандай негизге кайрылбайлы, баардык тилде Кудай жараткан биринчи пенденин ысмын эзелтеден «Адам» дешет. Жана биз дагы ошентебиз. Башкалар ар кандай аташкан менен биз кишини дагы «адам» дейбиз. Демек, мында да бир улуу сыр жатат. Анткени бүткүл жаратылган 18 миң аалам, жин-шайтандар, периштелер, бейиш, тозок, жер ж.б. ж.б. ар түркүн макулуктардан кийин Кудай колунан дагы бир жаңы нерсе, өзгөчө бир зат жаралды. Ал «Адам» деп аталды. Дегеним, андан таралган киши келбетиндегилердин жамысына «Адам» термини ыйгарылып, ал туңгуч аталыш негизги заттык маанини туюндуруп каралды деген тыянак чыгарсак анда, мунун сырын адам баласынын ичинен улуу элдин урпактары гана сактап келе жаткан чыгарбыз.
Адам деген араптардан ислам аркылуу кирген сөз экендигин азыркы фактыларга таянып негиздеп беришиңиз мүмкүн. Бирок, мен кийинки иликтенип отуруп жазылган ой толгоолорумда тек сүрүштүрүп отуруп биздин элдин дүйнө элдеринин атасы болуп чыгаарын тарыхый фактыларга жүйөөлөп берем. Азырынча телефон менен жазып жаткандыктан ушул жерден токтото турайын.

Алмазбек КОЗУБАЕВ. Самара шаарынан, Самара обулусу. 31.10.2014-жыл.

Oct 11

Маанилүү сапар..

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ.

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ.

«КЫРГЫЗ КӨЧҮНӨ» КАПЫСТАН КЕЛГЕН КАТ ЖЕ КАНТИП «АГЫНДЫЛУУ» БОЛГОН МУСАКУН АБА!.

Мусакун Сатыбалдиев
31 августа г. 12:37
Асыран, саламатсыңбы! “Кыргыз Көчү” менен кандай байланышсам болот экен? Ушул жөнүндө маалымат бере аласыңбы?

Асыран Айдаралиев
31 августа г. 12:52
Саламаат!
“Кыргыз Көчү” тобуна “запрос” жөнөтүңүз, мен топко кабыл алайын..
Жакшы, кыргыз ӨҢҮ тамгаларыңыз бар экен..  🙂

Мусакун Сатыбалдиев
31 августа г. 13:38
Асыран, мага жооп берип койгонуңа ырахмат! Эми адеп сага кайрылган жөнүмдү билдире кетейин. Мен өзүм 1950-жылы Саруу айылында төрөлгөм, тубаса майып болуп. Анын кесепетинен мектептен окуп, билим ала албадым. Он төрт жашымда үйдө жатып, өз алдымча тамга таанып, сабатсыздыгымды жойдум. Кийин чыгармачылык менен алектене баштадым. Ушул кезге чейин тогуз китебим (анын ичинде беш – поэтикалык, төрт прозалык) жарык көргөн. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн. Бирөөнүн жардамысыз эшикке чыга албайм. Үйдө (анысы аз келгенсип – экинчи кабатта), чектелген дүйнөдө жашайм. Ушундан улам мен үчүн жаңы газет, же китеп алган күн өзүнчө зор майрам. Мына, жакында интернет койдуруп алып, жыргап эле калдым. Көп кишилер менен байланышууга мүмкүн болот экен. Сага кайрылган себебим, “Кыргыз Көчү” менен байланышсам, андагы кыргыз үчүн күйүп-жанган патриот жигит-кыздар менен таанышсамбы деп ойлодум эле. Анан “Агындылар” китебин кандай тапсам болот, ушуну билгим келет. Ошол, эгерде мүмкүнчүлүгүң болсо, байланышып тур. Жанагы “Кыргыз Көчү” дегенге байланыш качан болот, ошого суроолор менен катышууга болобу? Саламым менен Мусакун.

Мусакун Сатыбалдиев
31 августа г. 13:47
Ырахмат, мындай кубанычты күткөн жок элем, азыркы заманда…  эмне деп айтаарымды да билбей калдым.

Асыран Айдаралиев
31 августа г. 13:51
Ыракмаат Аксакал!
Сиздин мындай эркиңизге, жашоого болгон аракетиңизге таазим кылам!
Мекенчилдердин тобу сизди кош колдоп тосуп алат аба!
Бар болуңуз, оорубаңыз!
Мен сизге “Агындыларды” сөзсүз жеткизип бергенге аракет кылам, убада берем! Эч кайгырбай туруңуз! Сизди терең урматтап, алыскы Финляндиядан ысык салам жолдогон иниңиз Асыран!

ээ 7

«ОН ТӨРТ ЖАШЫНАН БАШТАП ӨЗ АЛДЫНЧА ТАМГА ТААНЫП, ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР СҮРҮП, ӨЗГӨЧӨ ҮЛГҮ БОЛО ТУРГАН ИНСАН!.»

Керемет Ысык-Көл, жайдыр-кыштыр мелтиреп сыр бербей чалкыганы чалкыган. Зымыраган унаага түшүп алып көлдөй мелтиреген, көлдөй толкуган ойлорго чумкуп келе жаттым. Айлананы кара булут каптап шатырап жааган жамгыр бирде шаштырып төгүп келсе, бирде билмексен болгонсуп тынчый калат. Ооба, быйыл күз жаанчыл болуп, көп элдер жыйым-теримге жетише албай кыйын болуп атканын айтып, даттанып отурушту барган жерлеримде. Ананчы, жайлата тамчы жаан көрбөй, маңдай тердин акысы акталбай калабы деп жанталашып алектенген дыйкандар мына эми түшүм жыйнап жатканда аба ырайынын кескин бузулушу бир топ түйшүк жаратып койгон экен. Колумда китеп. Ушул эл толтура коомдук унаада баардыгы мени карап жапайы адамды көргөндөй үрпөйсө, кээ бири мыйыгынан жылмайып, кулагындагы телефондун кулакчынын оңдоп «бечара ушундай техниканын өнүккөн мезгилинде колуна китеп көтөргөн кайдагы аңкоо болду экен» – дегендей түрлөрү байкалат. Китеп окугандан көрө телефондон музыка угуп же интернет чукулап ар ким менен маанисиз маектешүү модага айланып кетпедиби. Ар ким китеп окумак турсун эки-экиден ушакка кирип же болбосо айдоочу коюп койгон чет элдик дүңкүлдөк музыканы ыргала угуп бирдеме түшүнүп бараткандай мемирешет. Кызын качырып жиберчүдөй мойнунан аңтарыла кучактаган бир жаш жигит кыздын ийнине башын коюп эркелеп, бир маалда кайра уруша кетип, бирде жалынып-жалбарып кыздын бети башынан чоло жер койбой өпкүлөп келатты. Улуу отурабы, кичүү отурабы экөөнө эки дүйнө бир тең окшойт. Учурдагы коомдун, коомдук унаадагы бир гана көрүнүшү бул.

Колумдагы китептин аталышы «Бейиттеги боз торгой». Жол жүргөндө окуганды жакшы көрөм, эч болбогондо гезит окуйм. Адабиятыбыз аксап турган мезгилде жаңы басылган китептерди көп окуй бергим келчү эмес. Көбүнесе жеңил баадагы маани-мазмуну тайкы китептер жамгырдан кийинки козу карындай жабалактап кетти го андан калса. Бул китеп башталышы менен эле мени өзүнө тартып кетип чыга албай калдым. Жөн китеп эмес, талыбаган эмгектин, умтулуунун, үмүттүн китеби. Укмуштай ойлор, ой толгоолор, басып өткөн жол. Бул китептин жалпы мазмуну. Эми китептин авторун азыноолак сөз кыла кетейин. Ал буга татыктуу адам.

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ 1950-жылы 22-апрелде Ысык-Көл обулусуна караштуу Жети-Өгүз аймагынын Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. Тубаса бут оорулуу болгондуктан мектептен окуп, билим ала алган эмес. Үйдө жатып, жашоонун жарык күндөрүнөн күдөр үзбөй өз алдынча тамга таанууга умтулат. Майып болсо да баланын минтип, умтулуп тамга тааныйм деген аракетине ошол кезде онунчу класста окуган эжеси Зинагүл жардамга келген. Ошентип, он төрт жашында тамга тааныды. Ошондон баштап колунан китеп түшпөй калды. Кийин колуна калем алып жазууну үйрөнүп, анча-мынча кабар жаза койчу болгон. Алгачкы чакан макалалары райондук гезитке басыла баштайт. «Ошондо мен өзүмдүн тирүү жан экенимди, менин да колумдан бир нерсе келээрин сезип, алдымдагы туңгуюк-караңгылыктан бир жылчык көрүнгөндөй болду. Бул мага кандайдыр бир күч-кубат, демөөр бергенсиди. Мен дагы көбүрөөк аракет кылып, эми кыйла көлөмдүү макалаларды жазууга кириштим» – дейт Мусакун ага кобурашып отурганыбызда. Жазгандары облустук анан республикалык гезит беттеринен жарык көрө баштады. Бул ага опол тоодой күч-кубат берип, жашоого, келечекке болгон үмүтүн ойготуп, 1970-жылдардан тартып чакан аңгемелерин, ырларын, ой толгоолорун жарата баштаган. Алар да гезит беттерине басылып алгачкы чакан ыр жыйнагы «Өрүк гүлү» деген аталыш менен 1989-жылы жарыкка чыгат. «Бул китепти чыгарууга белгилүү жазуучу Мурза Гапаров абдан чоң жардам берди. Ушул китеп ошол эле жылдын акырында Улан-Батордо монгол тилинде басылып кетти. Буга чейин мен Монголияда жашаган казак акыны Куанган Жумаканов менен кат аркылуу таанышкан элем» – деп жетине албай кобураган Мусакун агайга бир чети абдан суктанып отурдум. Ананчы, майып эмес буту-колу соо жүгүрүп жүрүп эмнени кыйратып атабыз. Андан кийин жергиликтүү басмаканадан «Бар бол, Нооруз», «Үмүт Жол», «Кечигип келген махабат» деген ыр жыйнактары катар-катары менен жарык көрүп баштаган. «2000-жылы «Бийиктик» басмасынан «Арбак куугунтуктаган адам», 2002-жылы «Периштенин белеги» аттуу повесттер жана аңгемелер жыйнагым, 2007-жылы «Бейиттеги боз торгой» аттуу роман-эссемдин биринчи китеби жарык көрдү. Бул китептин экинчи бөлүгү 2009-жылы эле жазылып бүткөн. Каражаттын жоктугунан бүгүнкү күнгө чейин чыкпай келет. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун чыгарып берем дегенине төрт жылдан ашып калды. Мурунку депутат Эркинбек Алымбеков да «Бөрү киши» аттуу романымды чыгарып берем деген. Ошо бойдон жок. Биринчи топтогу майыпмын. Майыптарга азыр эч кандай жеңилдиктер жок. Мен майыптыгым боюнча 3700 сом пенсия алам. Биздей адамдарга мамлекеттен эч пайда жок экенине деле өкүнбөйм, кусаматым жок болгону тигинтип убада кылган соң өтөөсүнө чыгып ошол эмгектерим жарык көрүп кетсе кубанып калбайт белем» – деген аганын көздөрүндө дагы да болсо ошол эмгектерим жерде калбас деген үмүттүн учкундарын байкадым.

Турмуштун ар-кандай агымы болот эмеспи. Мусакун ага да улуу тилек, үмүт менен 1978-жылы үйлөнүп, эки уулдуу болот. Турмуш-шартынын аркандай себептери менен ал жубайы менен эки айрылыш жолго түшүп 1990-жылы экинчи сапар үйлөнүп, дагы үч балалуу болгон. Экинчи жубайы Гүлнара Оштун кызы эле, тагдыр экен, 1998-жылы оорунун айынан каза болуп калат. «Азыркы жубайым менен 2005-жылы баш кошконбуз, экөөбүздүн бир кызыбыз бар, экинчи класста окуйт. Менин үч уул, үч кызым, эки неберем бар. Улуу балам Караколдо СТОдо иштейт, эки кызым Москвада, бир уулум Армияда, ушул айда келет» – деп сыймыктануу менен кобурап отурду. «Сыртка кирип-чыгып таза абада сейилдеп турасызбы?» – деген суроону да узаттым. «Жанымда жөлөп-таяган бирөө болсо чыгам, көбүнчө аялым жанымда болот. Бирок ал областтык ооруканада иштеп, эки гана күн бош. Алысыраак басып бара албайм. Мурда шаарды аралай чаап кете берчи элем. Кийинки үч-төрт жыл аралыгында буттарым алсыз болуп калды. Мен бир нерсени айтпай кетиптирмин: Жогорку эмес, биринчи класс билимим жок болсо да, тогуз жылга жакын ар кайсы гезиттерде иштедим. Адеп машинка баскыч, кабарчы, корректор, адабий кызматкер, котормочу, «Ысык-Көл үнү» газетасында редактордун орун басары, «Бийиктик» басмасында редактор болуп иштедим. Кыйын бекем?» – деп өзүнүн тамашасына каткырып өзү да бир жайдары күлүп алды. Минтип үйдөн сыртка чыга албай отурса дагы иш бөлмөсүндөгү компютердин жанын койбой талыкпастан көз майын алдырып эмгек кылганы кылган.ээ 11

Мынакей урматтуу окурман, бир көрүнүктүү атуулдун көмүскө жерде көрүнбөй, билинбей жүргөн тагдырын Асыран Айдаралиев агайымдын атайын тапшырмасы менен Каракол шаарына барып өз өмүрү менен өрнөк боло турган мыкты инсанга жолугуп, жүз көрүшүп, жакындан таанышып келдим. Мусакун абага деп атайын белек катары ала барган Шакебиздин (Шайлообек Дүйшеев) «Агындылары» менен жакында эле жарык көргөн Көчмөн акындардын «Ыр-жыйнагына» кошуп «Кыргыз Көчү» тарабынан жарык көргөн үч-төрт китепти белек кылып тартууладым. Ошондой эле Жети-Өгүз аймагынын Кызыл-Суу айылында турмуш кечирип бир топ жылдар бою агартуу тармагында эмгектенген Мурат Жетимишбаев деген агай менен да тааныштым. Шакебиздин айтылуу «Агындыларына» суусап, окусам деп көксөп, бирок жетпей, таппай жүргөн ал кишиге да Асыран агай “Фейсбуктан” убада берип койгон экен, атайын ала барган “Агындыларды” сүйүнүп, дароо сатып алды. Жол көргөзүп, улуу башын кичүү кылып Мусакун абанын үйүнө ээрчишип алып чогуу бардык. Барпалакташа таанышып, китептерди Мусакун абанын колуна тапшырып, аркы-беркиден кеп салып, жылуу маанайдагы жолугушуу кече болду десем жаңылшкан болбос элем..

Тигине, элдин көзүнчө өбүшүп бүтпөгөн эки жаш деле өз билгендерин кылып жаткан турбайбы. А менин колумда китеп, акылымды чырмаган ар кандай ойлор, зымыраган коомдук унаа. Бирде зуулдап ылдыйга түшүп кетсе, бирде бийик бел ашып жолун улап келет. Айлана кара булут. Анда-санда ачыла калган унаанын терезесинен шуулдаган муздак аба эл аралап кеткенде гана баарына жан кирген сымал кыймылга келе калышат да кайрадан түгөнбөгөн түмөн ушак менен алектенүүсүн улантышат. Ооба, адамдар ар кандайбыз, кызык эле макулукпуз негизи. Акылдуусунабыз, бирок көп нерсеге акылыбыз тайкылык кылат. Тыңсынабыз, бирок көп нерсеге күчүбүз жетпейт. Байсынабыз, бирок көп нерсеге мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. А Мусакун аганын күчү да, байлыгы да, тыңсынуусу, баары бар. Акылы, эч бир окуу жай бүтүрбөстөн, мектепте окубастан алган билиминде. Күчү, майыптыгына карабай умтулуп көптөгөн ийгиликтерди жеңишинде. Байлыгы, эч нерсеге алмашкыс бала-бакыра неберелеринде. Эшиктин коңгуроосун басканда бизди тосуп алган кичинекей кыздын ийкемдүүлүгү, жайдары жамалы, сылык мамилеси, кичипейилдиги, мына бул үйдө чыныгы атуул жашаарын айгинелеп турду. Тарбия көргөн кыз экен, өзү кымындай болсо да ийкемдүү аракети, балалык баео мүнөзү менен жаркырап сылык учурашып, алдыбызга даам койуп, отургуч ала чуркап атасынын баардык суранычын күрмөлбөй аткарып, чыгып атсак бут кийимдерибизди оңдой калып абдан сылык коштошуп, дагы да келип турушубузду өтүнүп узатып кала берди. Өмүрүн, келечегин берсин жараткан. Аман болуңуз Мусакун ага. Баскан жолуңуз мага чооң сабак болду. Аманчылык болсо дагы да учурашып тураарбыз..

Чолпонбек ЖЕТИГЕН. Журналист, Бишкек – Каракол. 09.10.2014.