Кадам..

ээ 68ЛЕЙЛИ МЕНЕН МЕЖНУН.

Межнун менен Лейлини кимдер билбейт,
Кайталап айтып берүү болсун милдет.
Эмесе угарманым көңүл төшө,
Байяндайм жетишинче шык-дарамет.

Болумуш, болгон дешет тээ илгери,
Болгонун жокко санайт кээ бирлери.
Болгондур, болбогондур- ал башка кеп,
Келгиле, хандык доорго бир кирели…

Лейли менен Межнундун балалыгы,
Тең өсүп, чогуу жүрүп, бир ойношкон.
Убакыт учкан куштай сызып өтүп,
Бой жетип бир-бирине ашык болгон.

Сүйүшкөн, кош жүрөктүн самаганы,
Баш кошууга мына эми, аз-аз калды.
Аңгыча кыз тагдырын бийлеп кетти,
Ата-энелер, же башкалар каалаганбы?

Тагдырдын жазмышынан кутула албай,
Тилектер бир заматта ойрондолду.
Кастыка каршы туруу колдон келбей,
Межнун минтип кечип салды акыл-ойду!

Уккандар баш чайкады жерди сабап,
Кээ бири ырсайышып табаа кылат.
Лейли да тартса керек далай азап,
Тирүү жан калган окшойт эптеп жашап.

Окуя бүткүл элге дуу тарады,
Хан да угуп тынчып туруп кала албады.
«Канакей ал сулууну тапкыла» деп,
Тапшырды вазирине жанындагы.

Буйругу хандын эки болбойт эле,
Жигиттер жар салышты бүткүл элге,
Иликтеп, андан-мындан сураштырып,
Акыры кыз да келди келчү жерге.

Хан сарай баары тынчып, тунжурашат,
Мына азыр Лейли сулуу кирет аттап.
Күткөндөй ай чырайлуу сулуу кирбей,
Кибиреп бир «куник» кыз келе жатат.

Падыша кыз турпатын тиктеп турду,
Аздан соң акылманга башын бурду.
«Канакей Лейлинин сулуулугу?
Акылдан адаштыраар кыз ушулбу?»

Акылман шартын кылып кулдугунун,
Шыбырайт кулагына «улугунун»,
«Жүрөгү болуу керек Межнундун,
Көрүү үчүн Лейлинин сулуулугун».

Таасири таамай сөздүн кандай күчтүү?
Турган эл сөз жеткен соң «дуу» дей түштү.
Ооздон-оозго өттү да тарап кетти,
Узун кеп, уламыштар бизге жетти.

Мынакей угарманым баян бүттү,
Сулууну оңой эмес көрө билүү.
Сулуулук ар-бир жанда болсо керек?
Тек гана сүйгөн адам көрөт өңдүү…

Керимбек КАДЫРКУЛОВ, Маскөө шаарынан. 10.09.2014.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *