Sep 23

Бет ачаар..


ААЛАМ. АКЫН. КЫРГЫЗДАР!.

Ооба, кубанычтуу күн. Биз көптөн күткөн, эңсеген күн. Эмнеге? Шайлообек агай айтпадыбы, «биздин убакта мындай жыйнактарга кошула албай кала берчүбүз» – деди го?. Ушул жерде отурган акындарга аралашып мен да бир саамга такшалып калган акын боло калдым, кыялымда. Анткени, менин да эки ырым бул жыйнактын бетинен орун алып отурат. Чынында акын болуш кайда? Поэзия түпкүрү түгөнбөгөн, мухиттей чалкыган өзүнчө бир кенен аалам эмеспи. Мен азыр жээгин да бойлой элекмин.

Кой, көп кыялданбай кеп төркүнүн бүгүнкү ачылыш аземге кыскача токтолойун. Башталды. Келчүлөрдү күтүп, кадимки кыргыз адаты менен бир топ кечигип барып баштадык. «Аалам, Акын, Кыргыздар». Мына ушундай аталыш менен «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобун негиздеген Көч башысы, учурда Финляндия өлкөсүнүн борбору Келсинки шаарында жашап жана иштеп жүргөн эркин журналист Асыран Айдаралиев агайыбыздын жана Италия өлкөсүндө жашаган, айтылуу акын Байдылда Сарногоев атабыздын кызы Гүлсана Сарногоева эжекебиздин демилгелери менен туптуура 52 жаш-карысы аралаш акын калемгерлердин ыр жыйнагы жарык көрдү.ээ 4

Кирип келген Мамлекеттик тил майрамынын урматына, Эне тилдин урматына арналган бул жыйнактын ачылыш аземи, айтылуу инсандардын жана китепке ырлары кирген акындардын катышуусу менен бүгүн Алыкул Осмонов атындагы борбордук Улуттук китепканада болуп өттү. Жакшы кеп, жакшы ойлорун ортого салып Жогорку Кеңештин депутаты Урмат айым Аманбаева, Кыргыз эл акыны Шайлообек агабыз Дүйшеев, Акыйкатчы институтунан атайын өкүл, Италиядан ат арытып келген Гүлсана эжекебиз жана башка бир топ кадырлуу адамдар жакшы тилектерин каалоолорун бөлүштү. Эне тилдин кадыр баркы бир топ жогору көтөрүлүп эле калды бейм. Баары эле минте бербейт эмеспи.

ээ 52Турмуштун түмөн түйшүгүнүн аркасы менен аалам кыдырып иш кылып, илим изденип эмгектенип кеткен мекенчил кыргыздардын баштарын бириктирип, атайын топ түзүп, ошонун аркасы менен эне тилди, маданиятты, ата-салтты, бабаларыбыздын адебин бийиктикке тынымсыз үндөп келе жаткан Асыран Токтоналиевич  агабыздын эл үчүн кылган үзүрлүү эмгектеринин дагы бир зор жемиши экенин кантип танабыз?. Бул китепти жарыкка чыгаруунун бирден бир максаты, сатып акча табуу эмес, аны элге жайылтып, учурдун оомалуу төкмөлүү күндөрүндө өз арабасын өзү түртүп, ээ 55ушундай катаал заманда да акындык өнөрдү туу кылып кармап келе жаткан жаштардан, кыргыз элинин уучу куру эмес экендигин айгинелеп, алардын жазган ырлары менен өсүп келаткан муунга дем берип, шыгын ойготуу максаты көздөлгөн. Бул китептерди жети обулустагы аймактык жана айылдык китепканаларга белек катары бекер таратып берүү максаты коюлган. Буюрса бул максаттын ишке ашуусу алдыда турган иш. Бул да болсо китеп окуудан калып бараткан кыргыз элинин жан-дүйнөсүн ойготуу, китеп окууга үндөө болуп саналат.

Эне тил майрамыңыздар менен урматуу Көчмөндөр! Жыйнактын чыгуусуна өз салымын ошуп демөөрчүлүк кылган агай эжелерибизге, жана ошондой эле башкы демөөрчү Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!.

Чолпонбек ЖЕТИГЕН. Атайын «Кыргыз Көчү» үчүн. Бишкек шаары, 22.09.2014.

Sep 14

Сыймыктан сыйлыктар..

«Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун демилгеси менен уйуштурулган «Көч байланыштагы» конок белгилүү ырчы Сыймык БЕЙШЕКЕЕВдин катышуусундагы мыкты суроо берген Көчмөндөргө жеңүүчү катары KG групп Курулуш компаниясынын сертивикаттарын тапшыруу аземинен көрүнүш..

Sep 11

Кадам..

ээ 68ЛЕЙЛИ МЕНЕН МЕЖНУН.

Межнун менен Лейлини кимдер билбейт,
Кайталап айтып берүү болсун милдет.
Эмесе угарманым көңүл төшө,
Байяндайм жетишинче шык-дарамет.

Болумуш, болгон дешет тээ илгери,
Болгонун жокко санайт кээ бирлери.
Болгондур, болбогондур- ал башка кеп,
Келгиле, хандык доорго бир кирели…

Лейли менен Межнундун балалыгы,
Тең өсүп, чогуу жүрүп, бир ойношкон.
Убакыт учкан куштай сызып өтүп,
Бой жетип бир-бирине ашык болгон.

Сүйүшкөн, кош жүрөктүн самаганы,
Баш кошууга мына эми, аз-аз калды.
Аңгыча кыз тагдырын бийлеп кетти,
Ата-энелер, же башкалар каалаганбы?

Тагдырдын жазмышынан кутула албай,
Тилектер бир заматта ойрондолду.
Кастыка каршы туруу колдон келбей,
Межнун минтип кечип салды акыл-ойду!

Уккандар баш чайкады жерди сабап,
Кээ бири ырсайышып табаа кылат.
Лейли да тартса керек далай азап,
Тирүү жан калган окшойт эптеп жашап.

Окуя бүткүл элге дуу тарады,
Хан да угуп тынчып туруп кала албады.
«Канакей ал сулууну тапкыла» деп,
Тапшырды вазирине жанындагы.

Буйругу хандын эки болбойт эле,
Жигиттер жар салышты бүткүл элге,
Иликтеп, андан-мындан сураштырып,
Акыры кыз да келди келчү жерге.

Хан сарай баары тынчып, тунжурашат,
Мына азыр Лейли сулуу кирет аттап.
Күткөндөй ай чырайлуу сулуу кирбей,
Кибиреп бир «куник» кыз келе жатат.

Падыша кыз турпатын тиктеп турду,
Аздан соң акылманга башын бурду.
«Канакей Лейлинин сулуулугу?
Акылдан адаштыраар кыз ушулбу?»

Акылман шартын кылып кулдугунун,
Шыбырайт кулагына «улугунун»,
«Жүрөгү болуу керек Межнундун,
Көрүү үчүн Лейлинин сулуулугун».

Таасири таамай сөздүн кандай күчтүү?
Турган эл сөз жеткен соң «дуу» дей түштү.
Ооздон-оозго өттү да тарап кетти,
Узун кеп, уламыштар бизге жетти.

Мынакей угарманым баян бүттү,
Сулууну оңой эмес көрө билүү.
Сулуулук ар-бир жанда болсо керек?
Тек гана сүйгөн адам көрөт өңдүү…

Керимбек КАДЫРКУЛОВ, Маскөө шаарынан. 10.09.2014.

Sep 10

Улуу Көч..

81

 *****************************************************************************************************************

К Ө Ч М Ө Н Д Ө Р.

Улуу кыргыз кылымды кыялаган,
Улар учкан тоо койнун уялаган.
Уюткулуу тарыхы башталган эл,
Уук-кереге, түндүктөн, улагадан..

Ачка-токко, азап-жокко кекенбеген,
Ай-жылдар, күндөр өттү нечендеген.
Айкөл Манас баш болгон кыраандары,
Ата конуш, Кыргыз көчүн бекемдеген!

Сырттан эл, душманга да күйө билген,
Сынды да, сыйлаганды сүйө билген.
Сыздатып, далай жолу сындырса да,
Сыртына сыр чыгарбай түйө билген!.

Сүрдүү калк, эч нерсени энебеген,
Сүйлөй келсе чечен эл ченебеген.
Тээ байыркы калың журт арасынан,
Теги күчтүү, Көчмөн эл кенебеген!

Ошондуктан кымбатым, эл-жерим бар,
Оруп-жыйып, чогултуп, термегим бар.
Кылымдарды карыткан кыргыздарга,
Кыргыз көчү, кызматым, эрмегим бар!

Кайда жүрсөм карегим жашка толуп,
Кайтып бир күн өзүңө келмегим бар!.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки шаары. 03.08.2014

Sep 09

Көз караш..

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

ТАРЫХТАН ЧЫККАН ТАБЫЛГА!

Адам баласы бул дүйнөдөгү маалыматтын 80 пайызын көз менен алат экен. Тилекке каршы, кыргыз эли өз тарыхына, өз тагдырына, өз келечегине башканын эмес, өзүнүн көзү менен караган учурлар чанда эле кездешет. Айрыкча өлкөбүз өз алдынча жолго түшкөндөн бери кыргызды кимиси каякка гана сүйрөгөн жок? Тарыхчыларыбыздын айрымдары “40 кыздан тараган экенбиз” деп араб илимпоздорунун атайын жазып кеткен идеологиясын кадимкидей актаса – балдарыбыз боз үйдөн чыккан көчмөндөр терс каарманга айланып, орустун жалгыз баатырынан боо түшүп кырылган мультфильмдерди көрүп чоңоюуда. Улут кызыкчылыгынан дин догмасын жогору койгондор өлкөнүн кызыл туусун жерип, кара туунун алдында кимди болбосун курман кылууга даяр турса – дагы бир жагынан ашынган либералдардын түрткүсү менен “жан элим, ишенем сага, жан жерим, ишенем сага” деп, жөнөкөй эле сөздүн төркүнүн түшүнбөгөн массалык маданияттын кокуйлары далай жаштардын аң-сезимин ээлеп калды.

ХХ кылымдан бери жанатан айтылгандай көздөн кирип мээни алган эң күчтүү каражаттардын бири кино өнөрү болуп келатат. Кыргыз киносунда улуттун уңгусуна тереңдеп кирип, кыргызга кыргызча күйгөн саналуу эле чыгармалар бар. Кеңеш доорунда тартылган тасмалардан бул багытта “Бакайдын жайыты” менен “Ак илбирстин тукуму” эске түшөт. Биринде көчмөн жашоодон алыстап отурук дүйнөнүн шартына көнүп келаткан элдин нары карама-каршылыктуу, нары үмүттүү улуу көчү көзгө урунуп, кыргыз мүнөз улуулардын көчү түбөлүк бийикке, жаңычылдыкка умтулган кичүүлөрдүн катары көр дүйнөнүн кызыгына толгон жакага багыт алат. Экинчисинде кыргыздын нукура кулк-мүнөзү, баштан өткөргөн кыйынчылыгы, катаал шартка моюн бербей жашоого умтулган эрки, тегерек-четтеги эл тургай бүтүндөй Дүйнө менен болгон алакасы, жаңылып-жазган таштак жолу, жалпы ичиндеги жалгыздыгы эң сонун берилген. Албетте, кийинки доордо учурдун баш аламандыгын таасын чагылдырып, кабыргасынан коюлган суроолорго астейдил жооп издеген “Айыл өкмөт”, айрыкча “Белгисиз маршрут” сыяктуу кинолор эгемендик жылдарындагы татыктуу табылгалар болду десек жаңылышпайбыз. Бирок улут тагдырына терең кирип, кыргызга кыргыздын көзү менен караган кино чыгармаларынын ичинен сапаттык жаңы тепкичти багындырган тасма “Курманжан датка” болгонун талашуу кыйын.ээ 67

Анткени “Курманжан датка” – түшүнгөн кишиге Алай ханышасынын жеке тагдыры тууралуу гана баян эмес. “Курманжан датка” – биринчи иретте кыргыздын кулк-мүнөзү, асыл сапаттары, тарыхта баскан татаал жолу, өзү бойдон калышы үчүн өз кымбатын курмандыкка чалууга дайыма аргасыз кылган жазмышы, эч кимге окшобогон маданияты, жөн билги наркы, анан албетте, азыр да актуалдуулугун жоготпой келаткан түптүү проблемалары тууралуу эпопея.
Айталык, ташбараң эч качан кыргыздын салты болгон эмес, бирок Кокон хандыгында кеңири тараган адат болгон. Ошондой шартта дин төбөлдөрүнөн коркпой, калыстык үчүн тобокелге барган адамдык сапат – нукура кыргыздын мүнөзү. Жамандан иренжип, акырына чейин жакшыга умтулганы – кыргыздын үмүтү. Колунан келгени колунан келбегенине кыр көрсөтө баштаганы (кызды алып кетип бараткандагы эпизод) – бул да кыргыздын жылкы мүнөзү. Аялы күйөөсүнө кеңешчи болуп, акыл кошкону, керек болсо ордун басканы – кыргыздын илгертен келаткан табигый гармониясы. Эл башына күн түшкөндө күнүмдүк тирешүүдөн өйдө болуп биригип кеткени – кыргыздын байыртан келаткан социалдык иммунитети. Азайып кетсе тууган издеп, көбөйүп чыкса кыйкым издеген адаты –кыргыздын өнөкөтү. Оорусуна карабастан Жантай хан мейман үчүн сыр билгизбей зыңгырап маселе чечип отуруп бергени – кыргыздын нарктуулугу. Азыр эле ат күлүгүн сынашып келатып, “жигит, артка кайт, атаң жакшы эмес” деп Алымбек Шабданга керектүү учурда керектүү маалыматты кесе айтканы – кыргыздын жөн билгилиги. Ар ким өз чындыгын беттеп, “качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт” болуп Курманжан качып, куугун этектеп, тагдыр ортодо, өмүр ортодо турганда, бала кезинен таянган жолборс күркүрөп колдоп чыкканы – кыргыздын табышмактуу касиети. Айласы кеткен Алайдын эли мына-мына кетебиз деп келатып эле бир айтылган сөздөн кайра дүрт козголуп муштумга айланганы – кыргыздын күтүүсүз ойгонгон намысы. Күнөө кимде экенине карабай, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбош үчүн айыпты өз мойнуна алган Камчыбектин тагдыры – кыргыздын улуулугу. Замбиректин огуна карабай алдыга чапкан эрдиги – бир чети мурунтан келаткан кыргыздын энөөлүгү. Бир уядан чыккан бир туугандардын ар башка тагдыр тандап, ар бөлөк Жолго түшкөнү – бул да кыргыздын турмушундагы ушул күнгө чейин келаткан көрүнүштөрдүн бири. Убакыттын өтүшү менен пайда болгон бир гана орчундуу айырма – Абдылдабектин жүрөгүн кошо кеткен жан-жөкөрлөрү жерге таштабай ала келсе, кийин Беделдин ашуусунда калган миңдеген кыргыздардын сөөгү 75 жыл бою көмүлбөй жатты.

Курманжандын курмандыгы – жеке керт башынын гана жүгү эмес. Бул кыргызга тиешелүү, өтө оор жүк. Кыргыз эли канча бир кылымдан бери өзүнүн өзөгүн, өзүнүн тилин, дилин, маданиятын жоготпой, кыргыз бойдон сакталып калышы үчүн гана ар качандан бир качан өзүнүн эң кымбат адамдарын, жагдайларын, көнүмүшүн аргасыздан курмандыкка чаап келатканы келаткан. 1937-жылдары кыргыздын тили үчүн, кыргыздын маданияты үчүн, кыргыздын кызыкчылыгы үчүн атууга кеткен, биринин үстүнө бири ташталып ошол бойдон эгемен заманга чейин жаткан Кызыл Кыргызстандын шейиттери – Кеңеш доорундагы кыргыздын Камчыбектери. Болбосо алар деле эр өлтүрүп эриш бузган эмес эле! “Басмачы” деп өз жеринен же айдалып, же сүрүлүп кеткен, башка жакта жүрүп дүйнөдөн кайткан кыргыз азаматтары – ошол эле кыргыздын Абдылдабектери. Бийликтин адилетсиз турумуна каршы чыгып, аянтта кийиктей атылган, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн өз жеринде кордук көрүп кыйналып өлтүрүлгөн кыргыз жигиттери – ушунун баары кыргыздын кыргыз бойдон калышы үчүн чалынган курмандык. Өз эрки менен бүтүм чыгарбаса дагы, ошолордун баарынын тең энелери – өз масштабында элине жан этин сууруп берген абалдагы Курманжандар.
Фильмде кыргызга танапташ башка элдердин кулк-мүнөзүнө тиешелүү эпизоддор да абдан таасын берилген. Ташбараң сценасын эске албаганда да, Музаффар эмирдин жүзүмдү былчыйта баскандай бир адамдын тагдырын заматта садага чапканы, эртең менен дүкөнчирик чапан жаап, кечинде артынан желдет жиберген бийлик төбөлдөрү Кокон хандыгында үстөмдүк кылган сын-сыпаттардан азыноолак болсо да кабар берет. “Хорошо идут” деп чыйт түкүрүп куралына ишенип турган офицер, жергиликтүү салтты билбей келиндин ачкычын чачы менен кошо кесип алган поручик, сууга чечинип жылаңач кирген аскерлер – бул да Борбор Азияга келаткан чоочун күчтүн жышааны болчу.

Фильмде көрсөтүлгөн Курманжандын тагдыры, андагы коюлган маселелер азыр да курчтугун жогото элек. Тескерисинче, балким мезгил өткөн сайын улам жаңы өңүттөн ачыла турган жагы бар. Мурда эки цивилизациянын толкунунда чайпалса да төгүлбөгөн түптүү калк эми үч башка зор күчтүн ортосунда кетип баратат. Кыргыз кыргыз бойдон калабы? Курманжандын тушунда көкүрөктөн сызып, көздөн учкан азыркы мамлекетинин чыныгы баасын билеби? Жумурай-журттун келечеги үчүн бир муштумга биригеби же кокту-колотто ар кимиси кызыл тебетей кийгенине корстон болуп кала береби? Азыркы Абдылдабектер кайрылып келеби? Келсе кыргыз тарапта болобу же барган жеринин малайына айланып Карасакал болуп кайтабы? Биз, тирүүлөр, ушул сыяктуу суроолорго татыктуу жооп бергенге даярбызбы?

Демек, биз ойлоно турган нерселер али көп экен. Мыкты чыгарманын күчү – даяр жоопту бүкүлү бербей, көрүүчүлөрдү ошондой фундаменталдуу соболдорго жооп издете баштаганында. Устатым Чоюн Өмүралиев айтмакчы, ар бир адамдын милдети, мурдагыдан да адамыраак болуп, ал эми биздин шартыбызда – кыргызыраак болуп жашап өтүүдө. Бул фильм ушул өңүтүнөн өз максатына жетти десек болот. Жеке башымда, мени мурдагыдан да “кыргызыраак” кылган бул чыгармасы үчүн жаран катары Садык Шерниязга чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ. Акын, журналист. Бишкек шаары. 09.09.2014.

Sep 07

Поэма..

ээ 66Бүбайша АРСТАНБЕКОВА. Акын жана коомдук ишмер.
«Сага» жана «Карегимде Ата-Журт» – аттуу китептердин автору.

«КУРМАНЖАН ДАТКА»

«Курманжан Датка» поэмасы жөнүндө: Поэма негизги 19 бөлүктөн турат:

1. Курманжандын төрөлүшү.
2. Курманжандын балалык кези жана касиети.
3. Бойго жеткени.
4. Той алдындагы арманы.
5. Той башталды.
6. Кыз узатуу.
7. Кокон хандыгы жана Алымбек датка жөнүндө.
8. Жалгыздык түйшүгү.
9. Элдик көтөрүлүш.
10. Абдылдабектин тагдыры.
11. Абдылдабек Ооганстанга кеткенден кийинки көтөрүлүш.
12. Камчыбектин кайгысы.
13. Курманжан Датканын арманы.
14. Курманжан датка саясатчы жана коомдук ишмер.
15. Даткага даңк.
16. Конок тосуу.
17. Курманжан датканы акыркы сапарга узатуу.
18. Датканын урпактарынын совет доорундагы тагдырлары.
19. Курмажан даткага арналган иш-чаралар.
Башталышы «Кыргыз жери – Кыргыз пейили» – деген темада башталат. Ата-бабларыбыз бейиштей болгон жерибизди баскынчыларга бербей өмүрүн арнап коргогондугу үчүн, бейиш жерибиз жөнүндө азын-оолак сөз айтылат.

Көз уялатып көктөн чачкан нуруна,
Ала-Тоосу асман тирейт керилип.
Жашыл килем жаап алган кырына,
Бейиш төрдүн керемети берилип.

Ак калпагын кийген күйөө баладай,
Аппак карлуу Ала-Тоонун кыргызы.
Түтөп, бирок түгөнбөгөн от болуп,
Улууларды улап жанган жылдызы.

Жазайын мен жалын отум жеткенче,
Датка эненин таржымалын дастанын.
Тарыхтагы өмүр жолун басканын,
Төрөлгөндөн кылым жашап өткөнчө,
Өлбөч- өчпөс, үлгү болчу жактарын..

КУРМАНЖАНДЫН ТӨРӨЛҮШҮ:
Жаз аңкыган Жапалак деген айылда,
Курман Айт күн, улуу күндүн айында.
Бир наристе келди ыңаалап жарыка,
Нур жаагандай жаркырады айыл да.

Кудай берип ыйык Курман айтында,
Кереметтүү кыз төрөлдү татына.
Киндик эне селт дей түштү, Нур жүзүн,
Көргөн кезде ыңаалаган чүрпөнүн.

БОЙГО ЖЕТКЕНИ:
Буралып бойго жетти гүлкайырдай,
Бой-мүчөсү шыңга болуп ак кайыңдай.
Жоодурайт кызыл жүзү жоогазындай,
Жаркырайт асмандагы толгон айдай.

Кокон Хандыгы жана Алымбек Датка жөнүндө ошол доор, душмандар
кол салышкан элди, жерди талап- басып алышкан баскынчылар кээде кыргыз элине кытайдан да, кокондон кол салышкан. Алымбектин жети атасы бий болуп кыргыз элин бүтүн сактап калышкан. Элдик көтөрүлүш. Ошол доор Кокон хандык эзүү күчөп Көпчүлүк эл, азаттыкты жүргөн күсөп Жонунан кайыш тилген хан бийликтен Кыргыз эли тонолуп калган жүдөп..

АБДЫЛДАБЕКТИН ТАГДЫРЫ:
Абдылдабектин баш ийиши кыйын болуп, Июль айы толгон кези жайдын толук Скобелев, Абдылдабеке кат жиберет багынып бер! деген, суроо-талап коюуп..
Фин 1

КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АРМАНЫ:
Ооба балам, боор этимден бүткөнсүң,
Сени өлүмгө турсам дагы кыялбай.
«Тик карагын – өлүмгө» – деп айтканда.
Канап турду эт жүрөгүм чыдабай.
«Тик карагын өлүмгө»- деп, а, бирок,
Кыйбай турдум көздөрүңдү жайнаган.
Бура тартып ооздуругун атымдын,
Кара жерди кучактадым, жыгылдым.
Окшуп,окшуп кара кочкул кан кустум..

КУРМАНЖАН ДАТКА САЯСАТЧЫ ЖАНА КООМДУК ИШМЕР:
Жакшы менен жаманды талдап, иргеп,
Калың элди калыстыка карай үндөп.
Хан тактысы, таажысы, болбой туруп,
Эл башкарган Ханыша чын – адилет..

Sep 02

Эгемен кече..

ЖЫЛУУ МААНАЙДАГЫ ЖЫЙНАЛЫШ!

Өткөн айдын 28-августунда Маскөө шаарында «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун демилгеси менен анын мүчөлөрү Кыргыз Элчилигинин имаратында Элчилик менен бирдикте «Жылуу маанайдагы жыйналыш» аттуу Эгемендик күндү утурлаган майрамдык маданий жыйналыш-кечесин өткөргөн. Назарыңыздарда ошол кечеден тартылып алынган атайын көрсөтүү.
Көрсөтүү толукталып, кайрадан жаңыланып жасалды..