Баш сөздөр..

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты.

ЭЛ АКЫНДАРЫ ЭМЕС, ЭЛ АЙТКЫДАЙ БОЛСУН!

Студент кезде жазгандарын жарыялаганча шашып, ийримдерге катышып, кечелерде дуулдап ыр окуп, жок эле дегенде факультеттеги «мен» деген кыздардын көзүнө бир көрүнүп калгысы келген «чымындуулардын» катарында мен да болгом. Бизди доор жалаң кыялкеч кылып тарбиялаган экен. Ошондуктан бараткан жолубуз, келечек бизге бейиш болуп сезилип, батыраак эле ошол «бейишке» жетсек экен деп тилечүбүз. Максатка жетүү менен бирге Айтматовдой, Аалы Токомбаевдей, Алыкулдай жана башкалардай даңктуу да, атактуу да болсок дечүбүз.

Мен силерди ыр жазат деп деле ойлобопмун. Биздикине окшогон заман жоктугунан, эл-жерден азып, акча табам деп алыста жүргөндүгүңөрдөн улам ошентип ойлосом керек. Көрсө, көкүрөктөгү сагыныч, эңсөө, кайгы менен кошо келчү ышкы кайсыл заман келсе да «өлбөйт» турбайбы. Бир гана айтаарым, акын болосуңбу, жазуучу болосуңбу, эң башкысы – адам бол. Адамгерчилигиңер, жолдоштукка бекемдигиңер, эчкимди сатпагандыгыңар баскан изиңерден да, жасаган ишиңерден да көрүнүп тургандай болсун. *

Далай суулар агып өтөр. Араңардан кыргызга белгилүү мыкты жазуучулар чыгышы мүмкүн. Азыр жаңы эле жарышка түштүңөр. Көрүнгүңөр келсе да көрүнө албай, билингиңер келсе да билине албай жүргөн кезиңер. Силердин китепке «Баш сөз» жазып бер деп, болгондо дагы Финландиядан Асыран байкеңер келип атпайбы, мени демитип: Кийинки кезде ушундай бир «баш сөз» деген бир балакет чыкты. Илгери мен да китеп чыгаргам, жалбырактай болгон жуп-жука. Китепчилердин аты менен айтканда, 1 басма табакка жетип-жетпеген. Ошол китебим «башы» жок эле чыгып кетти эле. Агезде «башыбызды» ойлой турган заман эмес болчу. «Башыбызды» башкалар ойлочу. Ушул жерден улуу Расул Гамзатовдун эсте жүргөн бир тамашасын мисалга тарта кетейин, балдар. Мергенчилерден качкан карышкыр үңкүргө кирип кетет. Үчөө үңкүрдүн түбүнө келип, далайга чейин олтурса да чыкпайт. Акыры алардын бири тажап кетет да, карышкырды сүйрөп чыкмакчы болуп башын ийинге салып жиберет. Калган экөө ал качан чыгат деп күтүп олтура берет. Кирип кеткен тигиниси же башын тартып албайт, же ары кирип кетпейт. Акыры жадаганда тартып алышса тигинисинин башы жок.
– Эй. Жана ийинге башын тыккан маалда мунун башы бар беле? – дешип бирин-бири карайт. Бири айтат: – Башы бар болуш керек эле? – деп. Бири айтат: – Башы биякка келатканда эле жок болчу, – деп. Экөө талашып – тартышып олтуруп, акырында айылга алып барып болгонун болгондой баяндап беришет. Бир аксакал ошондо: – Карышкырдын артынан кирип башын салып бергенине караганда мунун башы тээ илгери эле, туулгандан бери эле жок болсо керек,- дейт. Анан аялынан сурайлычы деп жесирине келишсе: – Эримдин башы бар-жогун мен кайдан билем? Билгеним ушул, жыл сайын эле жаңы бапак тиктирип басып жүрчү,-дептир.

Кымбаттуу кыздарым, урматтуу уулдарым, ошон үчүн ар бириңдин ырларыңдын «башына» бапакты эл тааныган мен кийгиземби же тааныбаган бирөө кийгизеби баары бир, кеп ким кийгизгенинде эмес, кеп анын башында. Башында «бирдеме» барын Эл баалап, Эл чечет. Мен балким, сыпайгерчилик кылып силерди «алдап» коюшум мүмкүн. Бирок окурман дегенди эч ким эч качан алдай албайт.

Ыр деген тозоктун тозогу экенин мен дагы мына ушул 60 тан ашып кеткенден кийин билип олтурам, ишенсеңер. Далай акынмын дегендер муну билбей, «көзү ачык» бойдон өтүүдө, карыганга чейин «ыр жазып». Муну мен өтө кеч түшүндүм, эч түшүнбөй калгыча кеч түшүнгөнүм да ырас болду го деп ойлойм. Ыр деген күү-шаа түшүп, Асман-Жерди солкулдатып, жамгырын төгүп, чагылганын камчылап, бир жаап өтүп кете берчү өткүн өңдүү нерсе экен. Ошондо болгонуңду болушунча төгүп калбасаң андан кийин кечигет экенсиң.

Мен азыр ыр жазган күндөрүмдү сагынам. Балалыгымды сагынгандай сагынам. Бирок ага эми эч качан жете албастыгымды билем. Ыр да так ошондой. Азыр жүрөктүн оту баягычылап дуулдабай, шуулдабай, жайбаракат күйүп калган чагы. Жел көрсө эле желпине бербей, сезим акылга оошуп калган кези. Сезимди акыл басканда ыр чыкпай каларын түшүндүм. Ошон үчүн ыр жазбай калдым. Чынын айтсам жазалбай калдым десем да болот. Мына ушуну түшүнүшүңөр керек.

Мен бүгүн ыр жазгандардын окурманымын. Анын үсүтүнө поэзия деген өтө элитный нерсе болот экен. Анча-мынча кишилер түшүналбайт экен аныңды. Мындан көп жылдар мурун, ыраматылык Жумакан Тынымсеитова деген акын эжекем, 21 жашымда мени Нарынга чакыртып, үйүнө алып барып: «Шайлоо, акын болом десең сөз менен иштегенди үйрөн» деп айткан. Ошонусу өмүр бою эсимде калды. Бирок, мага ал «андай жаз, мындай жаз» деп бир жолу да айткан эмес. Мен да силерге кантип жазуу керектиги жөнүндө акыл айталбайм. Айтууга акым да жок. Алыкулга кеңеш бералбаган сыяктуу эле сага да кеңеш бералбайм. Көлдү кимдер ырдабаган. Дагы канчалар ырдап өтөт. Силердин мыкты жазарыңарды сынчылар эмес, адабиятчылар эмес, Эл айткыдай болсун, Эл гана калыс, Эл гана тараза. Калганынын баары жалган жана жасалма. Агаңар катары ак тилегимди каалайм!

******************************************************************************************************************

Урмат Аманбаева, ЖК депутаты.

Урмат АМАНБАЕВА, Кыргыз Эл депутаты.

Урмат АМАНБАЕВА. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

«ТИЛСИЗ УЛУТ – УЛУТ ЭМЕС»

Урматтуу окурман! Арийне сиздин колуңуздагы бул чакан «Ыр жыйнакка» жарыяланган ар бир сап ырдан Мамлекеттик тилге болгон аруулукту, ага болгон сүйүүнү, кандайдыр бир деңгээлде тазалык менен чындап берилгендикти баамдаса болот. Ошон үчүн кыргыз эли, улуту, улут катары кылымдарды карытып жашап келе жатат. Кыргыз тили улуу тил болгондугу үчүн Кыргыз мамлекети, кыргызымдын үрп-адаты менен каада-салты, көөнөргүс тарыхы далай тар жол, тайгак кечүүдөн өтүп, жок болуп кетпей, түмөн кыйынчылыкты башынан кечирсе да баа-баркын жоготпой бааланып, сакталып келет. «Тилсиз улут улут эмес». Кыргыз тили Кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин баа жеткис байлыгы, эркиндиги, эгемендиги, өз алдынчалыгы. Урматтуу окурман! Менин ар бир кыргыз жаранына деген жүрөктөн чыккан каалоом, ушул жыйнактагы ыр саптарды окуу менен бирге анын кандай маанилүү экенин эстен чыгарбай, ыйык Эне тилибизди жан-дилибиз менен коргоп, тынымсыз колдоп, ар түрдү себептердин арты менен жок болуп кетип жаткан тилдердин кейиштүү тагдырын кийип калуу коркунучунан сактоого жан үрөп, тилибиздин өсүп-өнүгүшүнө байма-бай салым кошуп туруу ар бирибиздин атуулдук парзыбыз деп билем. Тилибиз үчүн тикебизден тик туруп, сөз эмес жел тийгизбей келечек муундарыбызга абийирдүүлүк менен ыйык мурас катары калтырып кетишибиз керек деп тилейм!.

******************************************************************************************************************

ээ 49КОЙЧУМАНОВА Гүлжан. Ош МСУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты.

«КӨЧМӨНДӨР» КӨТӨРГӨН ДЕМИЛГЕ

Өлкөнүн башына түшкөн ар кандай окуялар, саясий-экономикалык курч кырдаалдар кыргыз элинин улуттук аң-сезимин курчутту. Мындай сыноолор өз ыйык Ата-Мекенинде жана сыртта, дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүндө жашап, иштеп, окуп жүргөн бир боордошторубуздун башын бириктирип, өз ара байланышын бекемдеди. Колуңуздагы ыр жыйнакка ааламтор айдыңындагы өз алдынча аз да болсо чыгармачылык менен алектенип жүргөн мекендештирибиздин мекен, улут, туулган жер, тил, атуулдук жөнүндөгү ырлары киргизилген. Учурда бул тема бардык тараптан замандын алдыңкы позициясын ээлеп отурат. Элибиздин саясий-социалдык турмушун чагылдырууга, жергебизде болуп жаткан акыркы курч саясий абалга, илим менен билимдеги заманбап өсүштөргө, коомдук пикирлерге карата акындар поэтикалык тил менен жооп беришкен. Ошондон улам тандалган тема жыйнактын өзөгүн түзүп турат.

Гумандуулук, атуулдук, дүйнөтааным жана коомдук саясий көз караштар эркин чагылдырган. Жыйнактын жалпы философиясы, өтө назик лиризми жалпы окурмандардын жүрөгүндө калаарына ишеним артат. Адамзаттын сар-санаасы, үмүт тилеги жана кубанычы чыгармачылык чеберчилик менен көркөм сүрөттөлгөн. Образдары ачык жана даана, салыштырууларга бай. Адам, жаратылыш сулуулугу, мекенге болгон берилгендик жыйнактагы ар бир акындын дүйнөсүндө жашаганы маалым болуп отурат. Ошондой эле ыр жыйнактан канчалаган кыргыз мигранттарынын өмүр тагдыры, мекенге болгон сагынычы, кусалыгы, атуулдук намыс–ариети, кандай шартта болбосун өз мекенинин өнүгүшүнө салым кошуу, эртедир-кечтир кайтып келүү үмүт-тилеги, аргасыз тагдыры, келечекке болгон оптимисттик ишеними көркөм сүрөттөлгөн. Ар бир доор өз муунун, баатырларын жаратат, акындары да ошондой, коомчулук тарабынан иргелет. Мезгил өтсө да улам жаңы муун келип катарды толуктап, көч улана берет ошентип. Башка улуттардын таасири күчтүү болуп жаткан заманда, адам баласынын кылымдар бою күткөн эркиндигин жоготуп коюу коркунучу турат, бул оңой нерсе эмес. Мына ошол көйгөйлүү маселе акындардын жүрөгүнөн өтүп отурат. Өз доорун сын көз караш менен чагылдырууга да аракет кылынган. Таамай айтылган ыр саптары окурмандын жүрөгүнөн орун алаары да шек туудурбайт.

Акындык өнөр жараткандан келген чоң касиет. Ар бири өз вазиспасын өзү түшүнүп, ошого жараша чыгармаларын жүрөгүнөн жаралтып отурат. Материалдык мүдөөнү көздөп калган заманда чыгарылган жыйнак адамдарга моралдык, руханий азык берсе деген тилек. Мурдагы заманда (Совет доору демекчибиз) жазганын өкмөт каржылап, ошонун эсебинен үй-бүлө баккан мезгилде, талап да башка эле. Мыктынын мыктысы тандалчу, көпчүлүгү анча мынча эле келген эпкинге туруштук бере албай, бул менин колуман келбейт экен деп, мойнуна алып, өз ордумду эртерээк таап алайын деп жолуна түшчү. Замандын ыргагында атайын тематикалар боюнча заказ келип, баш оту менен жүрөгүн берип, чыгармачылык түйшүк тартып, күн-түн сөз багып, ой калчап дегендей аракеттер менен такшалып, күчтүү сыноолорго туруштук берүүгө, талаптарга тапталып отуруп, анан акырындык менен такшалып, чыгармачыл чөйрөгө аралашып, ийримдерге катталып отуруп акындар такшалган. Ошентсе да, ыр деген жүрөктөн чыгыш керек экендиги баарыбызга маалым. Жасалма шаблондорго, ураан кыйкырыктарга, план, Эмгек, Ленин, партиялык милдеттемелерге багынбаган бир гана жан дүйнөсү экен. Мезгил өтүп нукура дүйнөсү менен жуурулушкан сезим ыргагы гана эленип калып отурат. Азыр болсо заман башка. Кимдин колунда каражаты болсо, ошол басмага кол жазмасын бере салып, эч кандай талаптарга, сын-көз караштарга муктаж болбой жарыялап салууда. Ооба. Ар кимдин өз эрки. Өзүнө өзү кожоюн. Бирок элге эмне алып келди, сапаты кандай, жугумдуулугучу? Ички маани-мазмун жагынан кандай болуп жатат экен? Мезгил өтүп, кол менен санала турган, саналуу гана акындар заман жүзүн жүрөгүнө көтөрүп чыккандыгын көрүп жүрөбүз. Канчалык доор талабын канаатандырган менен, өз табиятын таап, жүрөгүндөгүнү айтаарын айтып, өмүр менен өлүмдүн ортосундагы жылт дей түшкөн нукуралуулук гана тарыхта калды.

Учурда чыккан китептер эч кимдин элегинен өтпөй, ким кааласа ошол ыр жазып, китеп чыгарып отуруп окурман журтуна жетип жатат. Ошентсе да кандайдыр бир деңгээлде ар бир чыгарманын окурман журту пайда болууда. Ошол жазылып жаткан китептерди мезгил өз элегинен өткөрөт. Арасында күлүктөрү бар. Ошентип ээн-эркин жазылып жаткан ырларда жаңы агымды байкабай коюуга болбойт. Эгемендүүлүктү алгандан кийин, кандай критерий менен жазаарын билбей калган муун, алдыдагы көчкө таянып, түздөнүп отуруп, мекенчилдик темадагы ырларга басымдуу көңүл бөлүнгөнү байкалып калды. Өткөн замандагыдай жөн эле төш кага берүү менен чектелбестен, учурда ушундай психологиялык шарт түзүлгөндөн улам, эгемендүүлүктүн артынан ааламдашуу процесси келип, улуттун тагдыры кооптонтуп, эртеңки күндө улут, тил, маданият өзүн-өзү сактап кала алабы деген бир жүрөктү козгогон ой келет экен? Ошол суроо ушул жыйнактагы ар бир акындын көкүрөгүнөн өтүп, азаптантып, чындыкты издетип түйшүккө салып отурат. Буга ынанбай кое албайбыз. Окурман да ошондой ой-толгоо тартып турат деген ойдобуз. Салижан Жигитов айткандай, «Таасиринен дүйнөнүн сезим көбүрүп, ичке батпай ташкындап сыртка төгүлүп» турган учурда, тарыхый окуялар акындарга катуу таасирин тийгизип жатканы айдан ачык болуп калды.

Тандалган, ыргалган, өрнөктүү ыр жыйнак деп айтуудан алысмын. Акындардын ырларында азыркы замандын оош-кыйыш окуялары таасын сүрөттөлгөн. Кээ бир тил билги акындарыбыздын чыгармаларында башка улут адабиятынын таасирин да көрүүгө болот. Ой жүгүртүүсү жаңыча. Эне тилди барктаган, эстетикалык көркөм табитин өстүрө турган табылгаларга бай жыйнак болуптур. Ар бир эле кыргыз уул-кызын төрт сапты уйкаштыртып, ыр жазганга үйрөтсө болот, бирок акын кылууга мүмкүн эмес. Ушундан улам аз да болсо ыр жазып жүргөн ааламтор айдыңындагы атуулдардын чыгармачылыгына жол ачып бере турган демөөр көрсөтүп, улуттук мүдөөнүн айланасында маселе козгоп, атуулдук дараметин бекемдеп, мекенге болгон сүйүүсүн чыңдап, тамырын тартуу бирден-бир максатыбыз болуп саналат.

Жыйнактын авторлорун бирден ылгап, бирин сыйлап өзгөчөлөнтүп баа берүү менин вазийпама кирбейт. Көч аксагы менен миң дегендей, жалпы бүтүндүктү сактагым келди. Бул иш-чара тилибиздин маанисин жогорулатууга, анын келечеги үчүн ааламтордо кеңири кадам таштап, колдон келишинче чымыны бар жаштардын чыгармаларын топтоп, аз да болсо ааламтордогу социалдык сайт аркылуу салымыбызды кошконго мүмкүнчүлүк берип жаткан мекенчилдердин «Кыргыз көчү» коомдук уюмунун демилгеси менен башталып отурат. Мекен жүгүн жеңилдетүүнүн заманбап жолун таап, аалам кыдырып кеткен таланттуу жаштардын башын бириктирип, тынымсыз ар түрдүү иш чараларды уюштуруп отурган аталган коомдук уюмду негиздеген жетекчиси, Финляндиянын Хельсинки шаарында жашап жаткан эркин журналист Асыран Айдаралиев мырзага жалпы окурмандардын атынан ыраазычылык билдирип коюуну туура таптым. Ааламтор айдыңындагы «Фейсбук» социалдык тармагында алгачкылардан болуп уюшулган мекенчилдердин «Кыргыз көчү» тобунуна эки жарым жыл болуп отурат. Мен бул багытта ой-пикирин сураганымда «Топко катталып, өз эне тилинде кыргыздын ӨҢҮ тамгалары менен пикир алышып, активдүү аралаша баштагандан бир аз убакыт өткөндөн кийин эле топтун мүчөлөрүнүн мекенчил күчтүү сезимдери ойгонуп, тилге, дилге болгон көз караштары өзгөрүп, анан жайнаган топтор биринин артынан бири жаандан кийинки козу карындай түзүлө баштаганын, азыр да түзүлүп жаткандыгын» – жан дилинен кубануу менен белгилейт Асыран Айдаралиев. Анан да, канчалаган кыргыздын жаштары көкүрөгүндө катмарланып жаткан ой-мүдөөсүн күүгө салып, атуулдук сезимин курчутуп, булактын көзүн ачкандай болуп, арасынан таланттар өсүп чыккандыгына жетине албай, биз менен кубанычын бөлүштү.

Кыскасы, тилибизди, дилибизди, тил, маданиятыбызды ааламдын кай жеринде жашагандыгына карабастан, ааламтор аркылуу кыргызча жандандыруу, таланттуу жаштарыбызды таап, алардын чыгармачылыгынын өркүндөп өсүшүнө шарт түзүп, жада калса өз аракеттерибиз менен жыйнак каражатын таап, эгемен Кыргызстаныбыздын, улуттук тилибиздин майрамына карата кошкон кошумчабыз болсун деп, алгачкы саамалык жасалып жаткан чагы. Ак жол каалайбыз, ыр жыйнактын сапары байсалдуу болсун деп тилейбиз .

******************************************************************************************************************

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *