Тарых жана тасма..

****************************************************************************************************************

ээ 63

Белдүү кинорежиссерлер Садык Шер Нияз жана Актан Арым Кубат менен. Санкт-Петербург шаары. 2014-жыл, август.

ЧЫҢЫРГАН ЧЫНДЫК ЖАНА ЭЛ КАНЫНА СИҢЕ ТУРГАН ЭКИ КЕРЕМЕТ!.

Биз, кыргыздар кийинки мезгилдерде кимдир бирөөнү каалагандай катыра сындап, тактабай туруп таш ыргытканга гана маш болуп бараткандайбыз! Сынды айтуу керек, албетте, бирок ошондой сынды айтаардан мурун анын оң жана терс, эң башкысы баалуу, керектүү жактарын дагы көргөнгө, айтканга, айтпасак дагы жок дегенде түшүнгөнгө аракет кылууну унутпашыбыз керек эле. Мындай өнөрдөн арылбасак болбойт!

Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү арабыздан чыгып жаткан мыктыларыбыздын эл суусап турган учурда жаратып жаткан керемет чыгармалырын барктап, баалап, окуп, көрүп, жакшы жактарын кабыл алганга, ошондой жактарын даңазалап турганга жан үрөгөнүбүз оң эмеспи. Мындай маанилүү көркөм чыгармалар кантип зыяны менен терс таасирин тийгизсин, тескерисинче пайдасы тоодой эмеспи, мен ушуга бөркүмдөй эле ишенем жана ишенгиле деп айтаар элем..

Элинин, улутунун жүрөгүнүн түпкүрүнө терең сиңип, жан дүйнөсүн козутуп, ой-туйумунан бекем орун алып, ар бирин ойлонтуп, ойгото турган баалуу чыгармаларды көрпенделик кылып, ойду-тоону сүйлөп, кошкуруп чочуп, андан да кызыгы аз-көп деп акча менен баалоого мүмкүн эмес.

Ачык эле айтып койойун, акыркы 23 жылда кыргыздын канын жарып чыга турган эки баалуу чыгарма пайда болду окшойт, анын бири бүгүнкү күндө бүткүл кыргыз коомчулугунун бүйүрүн кызытып, эртерээк көрсөк болот эле деп көздөрүн кызартып жаткан Садык Шер-Нияз тарткан тарыхый эпикалык тасма «Курманжан Датка» жана кыргыздын кыйырына тарап, түтүнмө-түтүн издеп, түпкөтөрө окуйт элек деп ээликтирип жаткан акын Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылары».
«Курманжан Датка» азыркы тапта адашып, кайсалап, кайда басаар жолун таппай, тамтаңдап турган кыргыздар үчүн так багыт бере турган жол, көөдөнү менен көзүн ача турган күзгү, азыркылар, ал гана эмес урпактарыбыз үчүн кала турган көөнөрбөс байлык деп эсептейм. Кино жаатынан алганда, ал эми адабият, жазма жаатын алсак «Агындылар» анча-мынча дүйнөлүк адабиятты титиретет дегендерден ашса ашып түшөт, асты кем калбайт деп ойлоп турам. Эгер менин капчыгым калың болуп, чөнтөгүмдү жашыл кагаздар «жарып» турган байлардын бири болсом ушул сыйактуу улуттун суусунун кандырып, жаркын келечегине «жарк» этип үмүт жандыра турган руханий-маданий аталган баалуулуктарды, байлыктарды ар бир кыргызга бекер көргөзүп, бекер таратып, ал эмес ар биринин үйүнө бекер жеткирип бергенге дайар элем, болгон ал- күчүмдү жумшап, акчамды да, аракетимди да айабас элем..

КЕЛ-КЕЛИ КЕЛДИ КИНОНУН..

Аз мурун Питерде (Ленинград) болуп, азыр Монреаль (Канада) фестивалына катышуу укугун алып, ошол куттуу жерде шымаланып, «мына мени көргүлө» деп билегин түрүп турган айтылуу тасма «Курманжан Датканын» режиссер койуучусу Садык Шер-Нияз менен жолугуп, эки күн дурус эле эзилип сүйлөшкөндөй болдук. Өзгөчө ушул тасманын тегерегинде, тартылуу тарыхы бойунча да бир топ божурашып, Питердин салкын жел аймап мемиреген алгачкы түнүндө «Вероника» аттуу керемет мейманканасынын эшик алдында түн ортосун оодурганча отурдук. Эмнеге эле ушул тасманы бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, эбиреп-жебиреп, оозунан түшүрбөй калды дегендер деле чыгып жатса керек? Айта турган аш-пишти айтыш керек, дей турганын деш керек. Ага татыктуу, ошон үчүн ой-санаамдан кетпей турат, боштукка айланып бара жаткан көөдөнүм көөп, кадимкидей толуп, толкундап турат..

ээ 56

Санкт-Петербург шаары, “Вероника” мейманканасындагы кечки баарлашуу. 2014-жыл, август.

Алгач трейлерин көрүп эле элейип калганыбыз деле чын. Анан эле кайдан-жайдан тасманы толук көрүү бактысына туш келип, көрүп чыккандан кийин көлкүлдөп кадимки коргошундай «эридим». Көздөн жаш кетти, дене бой чымырап, эмоция деген шумдугу бир топко элжиретип салганы менен жок жерден эле эрдемсинүү пайда болуп, муштумдар чытырап түйүлүп, «биз кыргыздар ушундай болгонбуз, баатырбыз, багынбайбыз, бөлүнбөйбүз» дегендей айбаттуу дем-күч пайда болуп, толкуп, дердеңдей түшүп, калдактап, каалгый басып калганды айтпагыла. Кадимкидей канды кызытты, шердентти..

Айтайын дегеним бул, аз мурун эле атыла элек айуунун терисинен тон бычып жиберишип, андан да ошол тонду талпактай эле талап, тытмалап жиберишпедиби, телегейи тегиздер. Эң кызыгы ошол өлө да элек, эч ким көрө да элек айуунун терисинин баасында болду. «Тоңуп өлүп баратсак деле жыңалач жүрсөк болмок, казынанын акчасын самандай сапырып салыптыр» дешти. Балким туурадыр, бирок мышык бекер мыйоолоп бербей турган заманда ким бекер оокат кылат, ким бекер кино тартат, жана ошондой эле ким бекер бирөөгө жок жерден жабышып, асылып, шыбап, «шыбакчынын» жумушун аткарат? Анын баары азбы-көппү акча турат. Же калп айтамбы?

Ким гана болбосун өзүнүн акыл-күчүн коротуп, тыным албай жасаган ишин элге жаккыдай, көргүдөй, мактап-жактагыдай, акыры ак эмгегин актагыдай болсо экен деп тилейт, ошого алынын жетишинче жан үрөбөскө аргасы жок. Жүздөгөн актерлер тынымсыз тытынып тарткан ушул тасмага кеткен каражат азбы же көппү? Мен айтаар элем, арзыбаган акча. Чындыгында Садык мырза өзү дагы баса белгилеп айткандай, бул тасма чыгармачыл топтун көкүрөктөрүндөгү демдеринин күчтүүлүгүнөн, анан булардын карандай мекенчилдигинен, элжүрөк көк беттигинен эле тартылып бүтүптүр. 70 миллион сом 70 миллион доллар эмес, албетте 1,5 миллион доллар карапайым, чор тамандарды жакасын мыкчытып, жаратканына жалынтып жибериши мүмкүн, бирок мындай акчаны бүгүн кыргыздын орточороок делген байбачасы бир күндүк эле «крутой» эс алуусуна чачып салып, чыйт түкүрүп, чычайып басып кете берет эмеспи? Муну да жалган деш кыйын.

Майдалап отурбай эле маанилүүлөрүнөн ортого сала кетейин. Эгемендик алган күндөн тарта талап-тономой заман келип, кой эмес анын корголу, сарай эмес самандын бир талы калбай, завод-фабриктеги станокторду койгула, суусаганда суу жутаарга стакандарын калтырбай талап жок кылган учурда киночулардын үйүндө кыйраткан техниканын «бдүрү калыптыр» дегенге ким ишенет эле? «Кино тартып баштаардан мурун киного тиешелүү техникалык аппараттардын эң арзан делгендеринен эптеп-септеп сатып алдык, аздыр-көптүр техникалык шаймандарыбызды оор-топондотуп алганыбызга андан бетер сүйүнүп жатабыз, ошого жетиналбай, кудуңдап турабыз»  деген кубанычын деле жашырган жок. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бирден-бир мыкты, сапатту делинген, тасма тартууга жана башкларын аткара турган дардайта салынып, суналган узун, кабаттуу студиянын ичин аралап, “сойлоп”  жүрүп отуруп, анча чоң эмес атайын үн жазучуу залга келип жайгаштык. «Шырп» эткен ашыкча үндү дароо өзүнө сиңирип жутуп жибере тургандай жагымдуу кооздолгон ошол тепкедей көрмө залдын жасалгасынын өзү эле үч миллион «жашылбайдын» башын жайлаптыр. Олчойгон акча тураарын билип туруп, көздү жуумп, тартылган тасаманын сапаты мыкты болуш үнүн дал ушул жерден жаздырууга туура келгенин, ошого улай эле «буйурса, жакынкы келечекте өзүбүзгө дагы так ушундай үн жаза турган студияны ачуу максатыбыз бар» деген Садык Шердин дымагы мени да бир топ шердентип салды. Ичимден, «азамат, аракет менен дымак эч убакта адамды артка тартпайт, кармабайт, алдабайт, ылайым ишке ашып кеткей эле» дейм.

ээ 65

Үн жазуучу студияда..

Кино тартуунун тарыхында ушул килтейген шаар Питердин эң көрүнүктүү делген чок ортосундагы «Сарайлар айанты» (Дворцовый площадь) аталган айантты эки гана кинорежиссер бир канча саатка киши баскыс кылып жаптырыптыр. Биринчиси атактуу Бондарчуктардын улуусу «Кызыл коңгуроолор» (Красные колокола) деген тарыхый тасмада 1982-жылы жаптырганга даремети жетсе, экинчиси ушул, кыргыздын киносу «Курманжан Датканы» тартууда Садык Шер төрт саатка жаптырыптыр. Болгондо дагы кышында, орустар жаңы жылдык шаан-шөкөткө күпүлдөп дайарданып, ал эмес айантына бакыйтып балатысын орнотуп койгонуна карабай керектүү эпизодун келтире тартып алып баса беришиптир. Бекер эле бере коймок беле, аянтты дарбаза жапкандай дароо жаба салбай калсын, муйутуп, алардын да муруттарынан сылап, окелеп-жокелеш керек, ансыз кайдан?

ээ 65

Питердеги “Сарайлар айанты” (Дворцовый площадь)

Кыскасы үч жылга жакын түрдүү машакат, азап-тозок менен тоттугуп жүрүп, камырдай жуурулуп чыгып тартылган тасманын бир эле үзүмүн толук айтуу ченебеген далай убакытты талап кылаарына толук көзүм жетти. Эң башкысы тасма тартылып бүтүп калың элдин таразасына койулуп жатканы чоң жетишкендик. Эми калганын эл-журт өзү чечет, жакса жан-дүйнөсүнө бекем сиңирип алат дагы, кайра-кайра кубалап жүрүп көрөт, жакпаса «ушу да кинобу» деген тейде чыйт түкүрүп, бурулуп алып тескери басып кете берет.

Ушул тасманы тартууда Садык Шер-Нияз жеке өзү өтө оор сыноо менен опурталдуу кадамга барып, тобокелдикке жана көк беттике  салыптыр. Биринчиси, буга чейин мындай көлөмдүү, толук метраждуу тасма тартпагандыгы, экинчиси, техникалык базанын жоктугу, үчүнчүсү, жетишээрлик каражаттын каралбагандыгы жана башка толгон-токой себеп-жетишпестиктерди билип туруп көз жуумп, өзүнүн башка болгон аракет-кыймылдарынын баарын жыйыштырып салып, ишенимдүүлүк менен ишти баштап жибергени жаман болбоптур. Ким кандай баалайт, бирок кино тартылды..

Эгер президенттин жеке өтүнүчүн аткарып, кайрадан маданият министири болуп, ошол тармакты тейлеп кеткенде Садык мырза кыргыздардын маданиятын канчалык деңгээлде көтөрүп жиберет эле? Тирукмуш болуп кетмекпиз деп ага деле эч ким кепилдик бере алмак эмес, албайт да болчу. Себеби, элдин маданиятын министир көтөрүп, момпосуй бергенсип ар бир адамдын чөнтөгүнө сала койуп, бат эле баарын маданияттуу кылып жиберет деген болбогон сөз, ал жомок. Маданият деген ар бир адамдын өзүндө, көкүрөгүндө, көөдөнүндө жашаш керек, аң сезими ойгонуш керек, акыл эси оңолуусу зарыл, айлана-чөйрөгө, коомго жасаган көз карашын дал өзүнө, жакынына жасагандай өзгөртүүсү шарт, бүттү, мына, мындан өткөн маданиятты кайдан издеш керек экен? Элдин маданиятын миң жолу маданият министирин алмаштырган күндө деле өзгөрбөйт, ал тургай ордунан да козголуп койбойт. Тескерисинче артка кетээри турган иш. Ал эми Садык мырза «Курманжан Датканы» тартуу менен, эл-журтуна көөнөрбөс маданий жана руханий байлык тартуулаганы бүгүкү күндүн ачуу чындыгы..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, Келсинки шаары, Финляндия. 17.08.2014.

3 thoughts on “Тарых жана тасма..

  1. Баарысы туура! Мындай кыргыз маданиятына, адабиятына жаңычылдыгы менен, көркөмдүүлүгү менен жаңы чыгармалардын пайда болушу кубандырат. Ошондой эле колдоого татыктуу. Бирок, азыркы учурдагы кыргыз адабиятында окурманды таң калдырган чыгарма катары бир гана Ш. Дүйшеевдин “Агындылары” дегенге менин кошулгум келбей турганын ачык айтып коюуга тийишмин. Эмне үчүндүр үзүндүлөрү дүйнөлүк адабияттын деңгээлиндеги С. Раевдин “Жанжаза” романы аталбай калып атканына мен бир аз таң калып турамын! Же чын эле кээ бирлер “сындагандай” кыргыз менталитетине туура келбейт деп кээ бир “адептүүлөр” ой бөлүшкөндөр тарапка биздин Асыран Айдаралиев мырзабыз да ооп кетип атабы? 🙂

  2. Асыран Айдаралиев мырза эч кимди ээрчиген да, оогон да жок агай.
    Себеби жөпжөнөкөй эле, ал чыгарманы көрүп окумак тургай уга да элек.. 🙂
    Чынын айтсам Султан дос Раевдин “Жанжазасын” азыр сизден угуп жатам..
    Чет өлкөдө, эл-жерден алыс жашаган адам көрүп, колуна алганын, анан окуган нерсесин жазат экен, беш жыл ичинде ушул мен “керемет” атаган эки чыгарманы өз көзүм менен көрүп, колум менен кармалап окугандан кийинки жеке ойумду жаздым болгону..
    Бул эки чыгарманын мага өзгөчө таасир берип жибергени, атайын эле сүйлөшүп алгансып капыстан Питерге барып калсам ошол жерден китеп колума тийип, кинону толук көрүп калганымдан болсо керек деп боолголоп койдум..
    Билбейм, кандай болсо деле кээде менин кыйалымда азыркы кыргыз насили бүт эле керемет көрүнүп кетет, колума кармап, көз менен көргөнүм андан бетер, өзгөчө..

  3. Келкели келди кинонун деп туура айтыптырсыз, Асыке. Эми арышы кенен, боосу бек болсун. Улустун Улуу күнүндө барып көрдүк, уул – келин, кыз – күйөө болуп, тобубуз менен барып тушоо кесүүгө катыштык. Тушоосу бек болсун кинонун.
    Ойлонто турган кино экен, “Курманжан датка”. Колдоочусу колдосун, башкы кейипкердин. Терең ойго батып жүрөм, дагы эле…
    Кино соңуна чыкканда да олтуруп калыптырмын, былк этпей. Дүркүрөгөн үндөн селт этсем, кинозалдагы жаштар тик туруп, улгайгандар отурган бойдон дүркүрөтө кол чаап жатышыптыр. Ушинтип кол чабуу менен өз пикирибизди билдирдик.
    Окко, жоого төшүн тоскон Баатыр керекпи Элбашчылыкка, же токтоо, ойчул оолуя керекпи Журтбашчылыкка?

Leave a Reply to Бакыт Шүкүралиев Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *