Көч Байланыш..

ээ 61Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Кыргыз Эл акыны.

«МЕН ЧЫГАРМАЛАРЫМДЫ «ЖАСАП» ЭМЕС «ЖАШАП» ЖАЗДЫМ»

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Саламатсыңарбы, досторум! Агаңарды кечиргиле! Кечиккеним үчүн.

ээ 61Гүлчехра УУЧИЕВА. Маскөө шаарынан, Оруссийа.
Саламатсызбы Шайлообек агай, биринчиден ушул бүгүнкү байланышка алтындай убактыңызды бөлүп келгениңизге ыраазычылык билдирүү менен кош келипсиз демекчимин. Суроом: Чыгармачылык чөйрөсүнө кандайча келип калгансыз, кимдер түрткү болду эле, анан “эне тилин унуткандар” деген ырыңыздын жаралышы жөнүндө да айта кетсеңиз, алдын ала рахмат, ишиңизге ийгилик каалайм!.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп. Гүлчехра, Ыракмат! Чыгармачылыкка мени турмуш алып келген. Чоң Энемдин жомогу, анын мага жасаган мамилеси, айылдын “азап-тозогу” акын кылган. “Эне тилин” унуткандар Кыргызстан көз карандысыз өлкөгө айлангандан кийин жазылган.

эбекеБектурсун АЛИБЕКОВ. Майлуу-Суу шаарынан, КР.

1. Урматтуу Шайлообек аға. Бүт, түркү тилдүү (қырғыздарға; тилдеш, үндөш, тыбышташ) улуттағы элдер бирдей айтып, бирдей жазып, бирдей оқулчу сөздөрдө қолдонулчу “Қ , Ғ, Ҳ , Ә” сыяқтуу тамғаларды, бизге тилдеш элдерден өзгөчөлөнүп, қырғыз тилинин тағаларынын қатарынан чығарып, аларды қырғыз тилиндеги текст жазууларда қолдонууға тыйуу салууға, биздин тилчи аалымдарыбызға қандай илимий аргументтер негиз болғон?
2. Маселен; “қағаз” – деген сөздү, биз қырғыздар жана баардық бизге тилдеш элдердин баары “қағаз” – деп атайбыз. Жазғанда, биз менен бирдей атаған элдин баары “қағаз” – деп жазышат. Ал эми биз қырғыздар “кагаз” – деп жазуубуз шарт. Оқулушу, қыраъаты (транскрипциясы) қандай улут оқуса да, тигилердики – “қағаз” болуп оқулат. Ал эми биздин; “кагаз” – деп жазғаныбызды, қырғыздан бөлөк улут түгүл, қырғыз тилинде эмес мектепте оқуған қырғызға оқутчу болсоқ да, қырғызча эмес киргизче қыраъатда (транскрипцияда); “К(и)АГ(и)АЗ” – деп оқуп алат. “Ураған (тоо жэ дубал)” – деген сөздү биз қырғыздар “ураган” деп жазабыз. Оқулушу, қыраъаты (транскрипциясы), бороон чапқындын орусчасы болуп чығат. Мына ушундай татаалдықтардан улам, биздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ башқа улуттағы мекендештерибизге оқутууда, үйрөтүүдө эбегейсиз қыйынчылықтар болууда. Эмне себептен жэ қандай мақсатта тиги тамғаларды қолдонуп, қырғыз тилин үйрөтсө болбойт? Мен, менден; биздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИБИЗДИ үйрөнүүчү, башқа улуттағы мекендештерибизге түшүндүрүп бере албай келем. Ушуға жооп берүүгө маға, қандайдыр илимий негиздеги аргументтердин шилтемесин берип, жардам бере алаар белеңиз? Раҳмат!.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Беке! Мен тилчи эмесмин. Бирок, Тилди зарылдык болмоюнча эч кимге “тыбыштарды оңдоп-түзөө “жолу менен үйрөтүү мүмкүн эмес. Өлкөбүз же биз кыргыздар тилекке каршы андай зарылдыктык түзө албай келебиз.

чынараЧынара САРБАГЫШОВА. Бишкек шаарынан. КР.  Саламатсызбы Шайлообек агай. Биринчи кезекте сизге чың ден соолук жана жакшылыктарды каалоо менен бирдикте суроо узата кетсем. Чыныгы акын же чыгармачыл адам болуү үчүн сиз кандай жоготууларды, кыйынчылыктарды башыңыздан кечирдиңиз? Же ушул ийгиликтердин келиши сизге оңой болдубу? Сиз Союз убагында эле ” Кайдыгерлик” деп күйүп ыр жазып калдыңыз эле… Ошол кыргыздын кайдыгерлиги азыр азайды деп ойлойсузбу же мурдагыдай элеби?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Чынара! Менин адам болушума да, акын болушума да Чоң Энем Канымгүлдүн тарбиясы эбегейсиз зор болгон. Мен аны менен 13 жыл жашап, өмүрүмдүн аягына чейин жеткидей «азык» алып, ошону менен жашап, иштеп, жазып келатам.

Чынара САРБАГЫШОВА. Шайлообек ага сиз айткан Канымгүл энедей адамдар кыргыз үчүн чынында чоң мектеп болушкан. Бала кезде дасторкондо отуруп айткан салттуу-нарктуу кептери түгөнбөгөн кенч, тарбия экенин мен эми баалап, сезип жүрөм. Биз кыргыздар кылым боюу жашап келген ошол мектебибизди жоготуу коркунучундабыз. Ошол улуу насаат сөздөрүбүздү канткенде сактап кала алабыз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Дүйнөдө улуу адамдардын баарынын өмүр баянын окусаң, эмнегедир баары Чоң Энелеринин тарбиясын алып өскөндүгү менен таңкалтырат… Адатта аял деген алсыз болгон менен Кудайдан кийинки эле кудурети күчтүү ЭНЕ! Бизди ошол Энелер сактап келген. Анткени элибиздин салт-санаасынын, тарбиясынын булагы ЭНЕ болгон. Биз ошол ЭНЕИДАНЫ кайрадан калыбына келтирүүбүз керек!

Жыргал БЖыргал БОТОБАЕВА, Бишкек шаарынан, КР.
Саламатсызбы! Сиздин балалыгыңыздын эң таасирлүү, эсиңизде калган окуялары? Эгер сиз кайра туулган болсоңуз кайра эле ушул жолуңузду-кесибиңизди тандайт белеңиз?

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Жыргал! Балалыктагы окуялардын кайсынысы эң таасирдүү болгонун бөлүп айталбайм го дейм, баары сонун, баары укмуш болгон. Мен балалыгымды «Агындылар» деген жаңы китебим аркылуу «издеп» чыктым… Эгер кайра туулсам, анда көгөрүп жүрүп сүрөтчү болмокмун.

НагимаНагима АЛАМАНОВА, Куала-Лумпур шаарынан, Малайзия. Саламатсызбы Шайлообек агай! Биринчиден сизге чың ден-соолук, узун өмүр каалайм. Талантыңызга таазим этем. Сиз баш аягы жети китептин автору экенсиз, «жетинин бири кыдыр» дейт го кыргызда, ошолордун ичинен (чыгармаларыңыздын) өзүңүзгө жакыны жана жакканы кайсынысы? Чооң рахмат, бар болуңуз!.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Нагима! Өзүмдү окурмандарыма толугураак «Агындылар» аркылуу ачтым го деп ойлойм…

Гүлсана эже.Гүлсана САРНОГОЕВА, Фолино шаарынан, Италийа. Саламатсызбы урматтуу Шайлообек ага! Сиздин «Шамал» деген ыр жыйнагыңыздан «Карагайчы кемпир» аттуу поэмаңызды өтө кызыгуу менен окудум эле. Ошол поэмаңыздын кандай жаралгандыгы жөнүндө айта кетсеңиз?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Гүлсана, күйөө балага салам айт! «Карагайчы кемпир» автобиографиялык поэма. Энем Канымгүлгө арналган.

ээ 36Уулкан АМИРАЕВА, Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы устат – агайым. Сиздин ырларыңыздын деми менен, аз да болсо сабак алып, чыйралып келем. Сизге берилген суроом төмөндөгүчө: Акын жасап эмес, жашап жазат дешет. Сиз да өз турмушуңуздан алып жазасызбы? Жазган ырларыңыздан сиздин өмүр таржымалыңызды көрсөк болобу дегеним .Алдын ала жообуңуз үчүн рахмат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Уулкан! Мен кезинде турмуш менен жанчылгам. Кийин ошол турмушум менен «кагазда жанчылганга» өткөм. Турмушта жанчылганга караганда кагазга жанчылган жаман экен. Жасалма нерселер жалган болорун түшүндүм. Ошон үчүн «жасап» эмес, «жашап» жаздым деп ойлойм…

Аида ААида АХМАД ЖАМАЛ, Абу-Даби шаарынан, БАЭ. Саламатсызбы Шайлообек Ага! «Кайдыгерликти» окуп алып абдан таасирлендим эле, азыркы күнгө чейин таасирленип келем. Ар бир Жараткан чыгармаларыңызды, ал түгүл берген маектериңизди дагы чыдамсыздык менен күтүп окуйм. Калемиңиз курчуй берсин ылайым, күүлүү-күчтүү, чың ден -соолукта болуңуз!
Менин Сизге бере турган суроом: Бул күндөрү Кайдыгерлик менен бирге Адамдык баалуулуктар дагы жоголуп бараткандай. Себептерин оңой эле таап алчу болдук, дароо эле бийликтегилерге, Эконимикалык проблемаларга жана башкаларга жүктөй салабыз. Ал эми мунун баары Коомдон жана анын ичинде өзүбүздөн баары башталаарын унутуп калдык. Бул жөнүндө сиздин көп эле ойлоруңузду угуп жүрөм, дагы бир жолу, кантип ушул “оорулардан” алыс боло алабыз? Өсүп келе жаткан муундарга кантип тарбия беребиз? Анткени, чындап эле жарык, гүлдөгөн, урмат-сыйлуу Келечекти кааласак эртең эмес, азыр баштоо зарыл. Сиздин сунуштарыңыз кандай болот?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Аида! Баары өзүбүздөн. Эң алсыз, эң байкуш адам гана өз кемчилигин башка бирөөлөрдөн көрөт. Ар бир кыргыз бөлөк-бөтөн элдер суктангандай, тамшангандай, сыйлагандай Улуулукту, Кыргызды кыргыз кылып кылымдан бери сактап келген Нарк-Насилин, Намысын далилдеп көрсөтө алсак, өзүбүздү ошого татыктуу алып жүрө алсак, ар бир өлкө, ар бир адам “Дүйнөдө Кыргыз деген укмуш эл жашайт экен” деп шилекейи чубуруп турса атаганат!. Биз көп нерсеге жетет элек…

ЗамикеЗамирбек БАЗАРБАЕВ, Астана шаарынан, Казахстан. Саламатсызбы, Шайлообек ага. Кандайсыз, күүлү-күчтүү жүрөсүзбү? Үй бүлөө, бала-чака, неберелер чоңойуп жатышабы?
Менин суроом жөпжөнөкөй эле. Тамеки чегесизби, чексеңиз канча жашынызда баштагансыз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Тамекини СА-Советтик Армияга барганда чегип алып 35 жыл тарттым. Таштап салганыма 15 жылдай болду.
Замирбек БАЗАРБАЕВ. Себеби бир ырынызда “мурдум менин моору болду” дегендей саптарыңызды окуган элем.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Мурун мор болгонун мындай кой, курган өпкө кор болгонун, көйнөктүн колтуктары шор болгонун айтпайсыңбы…
ээ 61
Асыран А!ДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан, Финляндия. 
Шаке, Сиздин «Агындыларыңызды» Кытайлыктар которо баштады дедиңиз эле, ошол маселе кандай болуп жатат, ишке ашчуудайбы?.

Экинчиси, «Эки дөөнүн кармашы» аттуу китебиңиз сизге Токтогул атындагы сыйлык алып берди. Ошол китебиңиз канча нуска менен чыккан жана азыр сатыкта барбы?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: «Агындыларды» кытайлык кыргыз туугандар менен уйгур туугандар которгону алып кеткен. Азыр иштеп жатат. Ал эми Мамлекеттик Токтогул сыйлыгын алган «Эки дөө» эки жолу китеп болуп чыгып, жок калган. Жакында жаңы басылышын чыгарганы турам.

АйтмырзаАйтмырза АБЫЛКАСЫМОВ, Бишкек шаарынан, КР.  Кутман күн, Шайлообек акын! Эсте барбы, жокпу о баягыда, азыркы «Жаңы Агым» гезитинин аты да, заты да «Асаба» болуп турганда бир ырдын сынагы болуп, ошол сынакта экөөбүздүн ырларыбызга 1-орун ыйгарылып, сыйлыкка коюлган 1000 сомду 500 сомдон бөлүп алган элек. Ошол кезден ушул кезге чейин кыргыз окурманы Шайлообек Дүйшеевди өзүнчө үнү бар, башкаларга окшошпогон чоң акын катары билишчү. Азыркы «Агындылар» деген китеп али колума нак тие элек. Анын оң-терс жактарын буюруса китепти алып калсам, кунт коюп окуп чыкан соң айтаармын. Бирок, кээ бир басылмалардан көзүм чалган үзүндүлөргө караганда, кара сөз түрүндө жазылган өңдөнөт. Эми суроо: Акын Шайлообек акыл азуусу чыкканда ырга караганда оюндагы, дилиндеги, эсиндеги «агындыларды» кара сөздүн жардамы менен окурманга жеткирүү оңой, жеткиликтүү боло турганын сездиби? Муну менен ал жан бирге поэзияны таштап, биротоло прозага өттүбү, же кыргыз көркөм адабиятынын асманында ишенимдүү, мындан да бийик, мындан да байсалдуу учуп жүрүү үчүн, тагыраагы ички жан дүйнөсүн, дүйнө таанымын кеңири ачып берүү зарылчылыгынан ага экинчи канат пайда болдубу? Балким, драматургияга да кайрылуу оюнда бардыр?.. Чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен бирге эле мазмундуу жоопторго алдын ала ырахмат!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Айтмырза! Ал «кез» эсимде. Ырың чынында эле мыкты болчу… Поэзия деген сезим акылды ала качып турган жаралчу кымбат нерсе болсо, проза деген сезимди акыл “жүгөндөп” калган кезде жазылат экен. Поэзия менен балалыгым, жаштыгым сыяктуу кол жеткистей артта калып сагынтса, проза менен өмүрдүн калган “курагын” жашап жаткан кезим. Ырдын “төрт” жагымдан кыскан алкагынан “бошонуп” ой-да жыргап аткан чагым кара сөз менен…

ЧолпонЧолпон ОСМОНОВА, Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы Шайлообек агай! Ден-соолугуңуз жакшы жүрөсүзбү? Сизге байланышка чыккан Чолпон Москвадан. Мен сизге узун өмүр, чыгармачыл ийгилик каалап кетем, себеби менин маркум атам Абдрасул Осмонов да Жазуучу эле. Сизге жөн гана узак өмүр, ден-соолук тилейм. Бар болуңуз! Байланышка чыгарган Асыран агайга ыраазычылык билдирем.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Чолпон! Ден соолугуң жакшыбы? Ыракмат! Мен чет жерде жүргөн силердин баарыңарга ден соолук, чыдамкайлык каалайм! Бириңер да оорубагыла, кырсыктан тышкары жүргүлө!
Чолпон ОСМОНОВА. Чооң рахмат байке, бар болуңуз! Биз сиз менен абдан сыймыктанабыз!

УланУлан КОШАЛИЕВ, Кимчон шаарынан, Түштүк Корея. Саламатсызбы Шайлообек агай, сиз менен пикир алышып жатканыма кубанычтамын. Сизден жашоону түшүнгөн адам катары төмөнкүдөй психологдук кеңеш сурагым келет.
Мен бул жашоомо ичим чыкпай дээрлик ар дайым эле өзүмө өзүм ыраазы эмесмин. Өзүмдүн көйгөйлөрүмдү унутуп койсом башка бир жакындарымдыкын ойлоном, Андан бошонсом өлкөбүздүн көйгөйүн ойлоп, ал тургай тээ философиялык ойлор менен башымды оорутам. Бул мага өзүмө деле жакпайт. (же балким жагабы…) Ушундай ойлордон кантип арылып, кантип бактылуу боло алабыз? Анан, дагы бир чыгармачылыкка тиешелүү суроом бар эле, азыр берем.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Улан, силердин ар бириңер, биздин кыргыздарга башка элде кыргыз өзүн кандай алып жүрүш керектиги жөнүндө сабак өтүп турсаңар да жакшы болот эле…
Күн бүркөлгөндөн кийин жаайт. Адам өзүнө алымсынбай калганда сөзсүз бир нерсе «жаратат». Сен эч качан жаман нерсе жөнүндө ойлобо. Кандай иш жасасаң да, кандай ой ойлосоң да Кудайга жага турган нерсени жасай алсаң эч качан жаман болбойсуң.
Улан КОШАЛИЕВ. Мен эки жыл мурун ыр жазганга аракет кылып баштадым эле, окшошуп аткансыган. Азыр таптакыр жаза албай калдым.
Жумуш убагында эргүүлөр келет, бирок жумуш бүтүп үйгө келип жазайын десем эле эчтеке жок, ойлор шамал айдагандай жоголуп кетет.
Бул менин акындык дараметимдин чектелүүсүбү?
Дем алыш күндөрү болсо интернеттен маалыматты башка толтуруп алып, кайсы ой өзүмдүкү экенин билбей, кадимкидей баш айланат. Бул интернет дегенден алыс болушубуз керекпи? Сиз кантип ыр жаратасыз? Чоң рахмат! Бар болуңуз!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Улан! Сен Кореяга эмне максат менен бардың эле.. Адегенде ошол максатыңды ишке ашыруу жагын ойло. Сен иштеп жатып да башкалардын, өлкөңдүн тагдырын ойлоно берсең такыр «талкаланып» каласың. Сен адегенде өзүңдү «жаса».. Анан калганын ойлон.

ноорМирбек ОРОЗАЛИЕВ, Кара-Кулжа району, КР. Саламатсызбы Шайлообек агай! Сиздин ырларыңыз ачуу чындыкты чагылдырып көптөгөн жаштардын намысын ойготуп, таасирлентип келет. Айрыкча тил боюнча жазгандарыңыз. Эне тил боюнча бүгүнкү күндөгү абалыбыз жакшы эмес… Менин суроом:
1. Азыркы кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги нукура кыргыз тилинин табигый көрүнүшүн бузуп, орус тилинин натурасына жакындаштырылган, биздин тилдин өз жолунда эркин өсүүсүн жасалма түрдө тушап турган эрежелер жөнүндө, мисалы йоттошкон тамгалардын жазылуусу тууралуу оюңуз кандай?
2. Кыргыз тилдүү интернет колдонуучулар арасында көптөгөн талаш-тартыштарды көрүп жүрөбүз. Алардын бири диалектика тууралуу. Биздин тилибиз тилчилер тарабынан толук кандуу изилденип, ушул сыяктуу маселер жөнгө салынса, жалпы кыргыз журтуна жеткиликтүү маалымдалса, мектептерде, окуу жайларында туура багытта окутулса жакшы жыйынтыктар болоор беле?..
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Мирбек, мен бүгүн эле жаш журналисттер менен «Кантип туура жазуу керек?». «Тилди кантип сактоо керек?» деген маселелердин тегерегинде сүйлөшүп келдим. Мен ушу кезде «Баарын кыргызчалаш» керек деген «ураа патриотчулдукка» караманча каршымын. Мисалы ырчылардын баары азыр «Фонограммасыз ырдайм» дегенди «Жандуу үн менен ырдайм» деп айтып, тантып калышты. Кыргызда “Жандуу дарт” деген бар. Жин ооруну ушинтип «жандуу дарт» деп койгон ата-бабаларыбыз. Муну азыркы врачтар да колдонот. Ошондуктан «Жандуу үн» деген “Жиндүү үн” деген менен барабар. Муну “Фонограммасыз” деп эле, айласы кетип, кыргызчалагысы келип турса «Өз үнүм менен ырдайм» деп эле айтыш керек. Мындай мисалдар толтура. Эки жылдан бери КТР “Электр чубалгылары” дегенди таап алып, чубап бүтпөй келатат. Кыргыз качан электр зымдарын ойлоп тапты эле? Кудайды карап иш кылбайбы. Которот десе эле которо бербей. Илгери казак туугандар Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романын которуп бүтүп, которгонго эчнерсеси калбай калганда Лев Толстойду Жуан Арстан деп котрогондой болбойлу да. Айта берсе сен айткан тилдин маселеси толтура. Ал жөнүндө кийин кеп кылалы…

ээ 35Гулжан КОЙЧУМАНОВА, Ош шаарынан, КР. 
Шайлообек агай! Сиз көп кырдуу уникалдуулукка ээсиз. Коомдун тамырын кармап турган чыгармачыл инсансыз. Табиятыңыз өтө сырдуу. Сиздин поэтикалык дүйнөңүз менен жогорку күчтүн байланышы барбы? Энергия жөнүндө пикириңиз? «Манас» эпосун жазма поэзиянын тажрыйбасы менен жазып жаттыңыз эле. Бул багытта сөз кыла кетсеңиз. «Манастын» касиетин сезе алдыңызбы?
«Бөтөнзордук» деген ой-толгоолуруңузду окуп калдым. Абдан жан дүйнөнү жаралаган, жүрөктү өйүгөн пикирлериңиз бар экен. Табият менен жуурулушуп, поэзиянын улуу күчү менен жашоо, жаратылыш кандай экенин жөнөкөй сөз менен көрсөтө билген касиетти, улуулукту байкадым. Сиздин “Өздүк мектебиңиз” барбы? Устат жана шакирт маселесинде кандай иштерди жүргүзүп жатасыз?
Тектеш түрк тилдүү калктардын Эл аралык поэзия майрамы, республикалык конкурстар, адабий сыйлыктар менен Сиздин чыгармачылык байланыш эл аралык масштабда кандай деңгээлде болуп жатат?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Гүлжан, мен жазып аткан кезимде айланамдагы эчкимди укпай, эч нерсени «көрбөй» жазам. Муну айрымдар «Өң аян» деп жүрүшөт. Билбейм, бирок сөзсүз жанымды «жагып», «транска» кирип кетип жазам. Кыйналбай, жыргап, ыракаттанып олтуруп жазам. Эл арлык адабий алакаларга катышканды такыр сүйбөйм. Чакырса да барбайм. Түркияга чакырганда, Маскөөгө чакырганда баш тарткам. Мен үчүн дүйнөнүн башталган жери да, бүткөн жери да Кыргыз жери. Мен өзүмдү өз элиме тааныта алсам гана тилеген тилегиме жеткен болом.
Ал эми Манастагы “Эки дөөнү” жазгандан кийин Манас сөзүнүн касиетин чындап түшүнгөндөй болгом. Ага чейин жазган ырларым арзыбаган нерсеге айланып, акындар кыбырап жүргөн бир кенедей нерсеге айланып кеткен. Манастын күчүндөй, Манастын сөзүндөй сөз дүйнөдө жок экенин ошондо билгем.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Бүгүнкү «Он-лайн Байланышыбызды» менин ушул суроом менен жыйынтыктайын Шайлообек ага!

Сиздин ээң биринчи, бала кезиңиздеби, же иши кылып «төл башы» делген ээң биринчи жазган ырыңыз кайсы, ошол ырыңыздын төрт сабын жазып койо аласызбы?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Эң биринчи ырым:
Ыйлабачы, көздө не жазык,
Ый сапарга кубат береби?
Күтпөстүгүң үчүн же жашып,
Күтөмүн деп айткың келеби?.

АсылАсылкан ШАЙНАЗАРОВА, Бишкек шаарынан, КР. «Кайдыгерлик» бүтүндөй Кыргызстанды «жарганда» мен мектепте окуучу кезим эле. Андан бери канча жылдар акты. Ырына, өзүнө калп айталбаган киши чанда. Кээде чыгармачыл адамдар деле пендечилик кыла коймою бар. Чыгармачылыкта болобу, журналистикада болобу, улам алмашкан система, бийликтен көз карандысыз ой жүгүрткөн аз гана адамдар катары Шайлообек агай сиз менен, «Жолбүгүнү» менен Алым агайды (Токтомушев) айтаар элем. Жөн гана каалоо айткым келди. Бар болуңуз, агай. Жараткан бекем ден-соолук, майтарылбас кайрат, узун өмүр аябасын. Рахмат!.

ээ 61Атыргүл ЗАКИРОВА, Барнаул шаарынан, Алтай аймагы. Саламатсызбы агай? Мектеп жашынан Сиздин «Кайдыгерлик» аттуу ырыңыздан таасирленип чонойгон адам катары сиздин чыгармачылыгыңызды аябай баалайм. Тилегим: Дагы да жаңы дем-күч менен элибизге эмгектериңизди тартуулап, узак жашаңыз, коп жашаңыз, бар болуңуз !
Суроом: 1. Кыргызды Кыргыз атка кондурган баалуулуктарга басым жасап, коомубуздагы көйгөйлөргө тогуз толгонуп, аны кагаз бетине түшүрүп, чыгармачылыгыңыз аркылуу өз үнүңүздү элге жеткирип келе жатасыз. Биздин коомдун көйгөйлөрүнө жуурулушуп жашап жаткан инсан катары сиздин бүгүнкү күндөгү Кыргыздын аш-тойлоруна көз карашыңыз?
2. Азыркы кезде экономикабыздын дагы бир маанилүү тармагы катары туризмди өнүктүрүү максатта 44 мамлекетке визасыз режим жарыялоо аркылуу чек арабызды чет эл жарандарына ачып бердик. (баарыбызга эле маалым эмеспи биздин мамлекетте мыйзамдын иштебегени) ушул багыт контролдоосу жок калып, баш аламандыктын башаты болбойбу? Чет элдик инвестицияга жол ачуу жакшы нерсе, бирок…
3. Билим берүү тармагында да ар түрдүү идеология, баалуулуктарга сугарып тарбиялап жаткан чет өлкөлүк окуу жайларын ачып берүү аркылуу да коомдо түшүнүк жактан ажырымдын жаратылышы. Азыркы күнү информациялык согуш күчөп турган кезде маалымат майданындагы чектөөнүн жоктугу…
4. Анан биздин атуулдардын чет мамлекетке жумуш издеп кетип, бир гана «утечка мозгов» менен чектелбестен, биздин атуулдардын жашаган чөйрөгө сиңишип, Кыргыз жытын жоготуу коркунучу.. Ушул процесстердин баары азыркы күнү Кыргыздын этноиденттүүлүгүнө таасирин тийгизип, коомдун бириге албай, чогула албай калышына себепчи гана болбостон, өзүбүздү жоготуп алуу коркунучун жаратууда…Ушул көрүнүштөргө өз пикириңизди билдире кетсеңиз ? Мүмкүн мен утрировать этип-көбүртүп кабыл алып жаткандырмын…
Акырында агай, «Агындылардан» бир китеп мага катып кое аласызбы, мен Бишкекке келээрим менен сиз менен байланышып, колго алсам деген ниетим бар эле? Ырахмат!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Атыргүл! Айланайын, кыргыз деп жүрөгүң канап турганы жазган саптарыңдан “тамчылап” турат. Ала турган жообуң да ошонун ичинде турат. 23 жылдан бери “тыңый” албай жатканыбыздын көп себептери барын менден да жакшы билесиң. Биз элибизди бириктирип ала турган саясый ишмерлерге аябай муктаж болуп турабыз. Ынтымагыбыз болсо, намысыбыз болсо, ач көз болбосок, көр дүйнөнүн артынан кубалаганды токтотсок эле оңолот белек деп ойлойм.

Сынак 2Нурзат МОКЕНОВНА, Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы. Биринчи сүйүүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Нурзат! Бешинчи класста бир кызды жакшы көрүп калып…Портфелин мектептен үйүнө чейин көтөрүп барып.. төбөм көккө жеткен ошондо. Биз кыздарды «сүйөм» деп айтчу эмеспиз. «Сүйөм» деп эч качан айтчу эмеспиз. Анын ордуна «жакшы көрөм», «Жакшы көрүп калдым» деп айтчубуз. Сүйүү деген биздин учурда ыйык, таза, кол тийгис болчу, Нурзат!

ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ, Өзгөн району, Арагөл айылы, Кара Шоро аймагы, Кыргызстан. Саламатсызбы Шайлообек агай! Бизге жолугушууга келгениңиз үчүн чексиз ыраазыбыз!
Ырахмат сизге! Сиздин бизге келгениңизге байланыштуу мына, эки күндөн бери чоң майрам болуп жатат.. Уруксат берсеңиз соболдорумду берсем…
Биринчи суроом: Сиздин чыгармаларыңыздын мезгил менен жашап, күчүн жоготпой, таасирдүүлүгү менен эл жүрөгүнөн түнөк алып, элге кубат-кайрат берип, улут рухун, улут көрөңгөсүн көккө көтөрүп:
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес, – деп жазган, жана дагы ушул сыңар, сансыз маңыздуу ыр саптарыңыз өз жашоосун мезгил менен бирге улап келе жатканынын сыры эмнеде?
Экинчи суроом: Сиз «жаратылышты» кандай кабылдайсыз? Сиздин ыр саптарыңыз жаратылыш менен болгон табышмактуу да, сырдуу да «Ыр жана жаратылыш дүйнөңүздөн» кабар бергенсийт. «Жаратылыш дүйнөсү» менен өзүңүздүн «Ыр дүйнө падышачылыгыңыздын» мамилеси кандай?
Үчүнчү суроом: «Агындылар» – өзүнүн аталышы менен эле автордун баардык ой-идея жана максатына жооп бере алды. Тилекке каршы бул чыгарма «ава менен суудай» эле болуп калды.
«Агындыларды» издеп таба албай жатабыз..
– Эй, өкүмөт аке, бизге «ава, суу, нан анан Шакемдин «Агындыларын» эле бергиле, – дегим келет, тээ Кара Шоронун «Байбиче жайлоосуна» чыгып алып…
– Угаар Өкүмөт акем, а Шакем!..
«Агындылар» – кыргыз элинин, улуттук баалуу көрөңгөсү, байлыгы!
Урматтуу Шакем, ушул баалуу чыгарма, «Агындылар» кантип жаралды? «Агындылардын» дагы – 2, 3, 4, 5, 6, 7… – томдору чыгып, Эл журтума агып келе берсин! Жеңем менен дагы да, узак узак жашаңыз! Бала-чака, неберелериңиз тынч болсун!
Кыргыз элим тынч болсун!
Ырахмат Шакем, бар болуңуз!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Ыракмат, Калмамат! Улуу Алыкулдун «…ырыма бир мертебе калп айталбайм» дегени бар го?. Мен жазып жатканда тиге-буга жагам деп жазбайм. Тиги же бул таарынып калбасын деп жазбайм. Кудайды гана карап туруп жазам. Кудайды алдабасам, Кудайга калп айтпай, Кудайды алдабай чындыгын гана жазсам баарына жагат деп ойлойм. Кыргыз да «сөз чындыгынан бузулбайт» деп айткан эмеспи. «Агындыларды» ушинтип олтуруп төрт айда жазып бүткөм. Буюрса силерге жетип калгысы бардыр.

ээ 61Самара НАСЫРОВА, Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы Шайлообек агай! Кечетен берки маектерди чер жаза окуп жатабыз. Сизге ар дайым чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын. Ошондой эле оорубаңыз, узак жашаңыз, Кыргыз элине сизден дагы көп көп чыгармаларды тартуулашыңызды күтөбүз.
Менин берейин деген суроом төмөндөгүчө;
1. Көп жылдардан бери акындыкты артынып, журналисттикти да кошо алып келесиз. Ыр менен прозаны кошо алып кетүүнүн машакаты жана ырахаты тууралуу айтып кетсеңиз?… Анан дагы “Кайдигерлик” деген чыгармаңызды жазууңузга эмне түрткү болду эле?.. Же ошол кезде эле кайдигерлик башталган беле, же азыркы аламан жашоону алдына ала жазып койдуңуз беле?… Сиздин ырыңыздагы саптар азыркы заманда кайталанып катардагы көрүнүш катары өтүп жатпайбы?.. Жер жарылса акындын жүрөгүнөн өтөт” – демекчи, элдин камын ойлоп акындык жүрөгүңүз канап, көз жаш төккөн күнүңүз болду беле?..
2. Жаш кезиңизде махабаттын торуна чалынып, бирок ага жетпей калган, жүрөк арманыңыз барбы?.. Эгер болсо ошол адамга арналган саптарыңыздан төрт сап таштап койсоңуз?..
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан «Агындылар» китебиңизди окуу мага да насип этишин тилейм, жана ошол күндү чыдамсыздык менен күтөм. Жоопторуңуз үчүн алдын ала чоң рахмат! Бар болуңуз!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Самара! Бардык адамдар сыяктуу эле элимдин «кайдыгерлиги» жанга батканда жаралган ыр. Бул ыр менен мен жүрөгүмдү элиме ачкам. Эл да аны түшүнгөн. Бирок «кайдыгерлик» муну менен эле бүткөн жок. Тилекке каршы, кайра күчөдү.
Баса, «Кайгысын тартып кыздардын, карандаш өңдүү учталдым. Учталдым бирок аттиң ай, учталган сайын кыскардым..»

АйкөкүлАйкөкүл СҮЙҮНОВА, Кызыл-Кыйа шаарынан, КР. Саламатсызбы, Шайлообек агай! Сизге түгөнгүс илхам тилеп, мекенчилдикке үндөгөн далай чыгармаларды жарата берүүңүздү каалаймын! Мени кызыктырганы Шайлообек Дүйшеевдин акын болушуна кайсы факторлор таасир этти? Устазым деп кимди атайсыз? Коомдогу терс көрүнүштөр: кайдыгерлик, кошаматчылык, паракорлуктун тамырын курутууга ар бир жаранды кантип тартсак болот деп ойлойсуз? Жооптор үчүн алдын ала рахмат. Бар болуңуз!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Айкөкүл, менин эң биринчи устатым Чоң Энем болгон. А киши кудайдын куттумуш күнү кыргыздын нарк-насилин кулагыма кумдай куюп турар эле, жарыктык! Эгер Чоң Энем болбосо мен акын болмок эмесмин.

КуштарбекКуштарбек КИМСАНОВ, Ош шаарынан КР.  Саломалейкум Шайлообек ага, сизге эки суроом:
1. Жазуучулуктун артыкчылыктары менен кенемтелерин айтып бериңизчи?
2. Кетбуканын ыры деген ырыңыз тууралуу чындыкты баяндап кое аласызбы?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Куштарбек үкөм! Жазганын эл «талап» окуп турганы жазуучунун «тирүү» экендиги. Артыкчылыгы ушул. Ал эми «окулбаган» жазуучу тирүү туруп «өлгөн» жазуучу, анын кенемтеси ушунда. Ал эми, «Кет Буканын» ырынын эч кандай деле табышмагы жок. Мен аны Акаевдин убагында жазып, эми мындан ары «Кет Буканын» арбагы колдоп жүрсүн деп ырыма «Кет Буканын» ысмын коюп койгом.

АйтурганАйтурган САТИЕВА, Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы Шайлообек агай!. Суроо узатаардан мурда, сизге чың ден-соолук жана чыгармачылык эргуу каалап коюга уруксаат этиңиз. Агай, менде бир эле суроо? Канткенде тилибиздин баркын көрөрө алабыз? Канткенде аны жок дегенде өз өлкөбүздө «керек» тилге айлантып, мамлекеттик эн белгилердин бири деген статуска ээ кыла алабыз? Эмнеге союздун тараганына жыйырма жылдан ашса да, башка коңшу мамлекеттердей эне тилибизди көтөрө албай келебиз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Айтурган, кыргыз тилине муктаждыкты түзгөндө гана тил өнүгөт. Антмейинче эч кандай тил комиссиясы да, “тонналаган” акча да тилди өнүктүрө албайт. Кыргызстандын ар бир адамы кыргыз тилисиз иштей албай, жашай албай, нан таба албай калгандай шарт түзүлгөндө гана тил көкөлөйт. Кадыры өсөт. Антпесек жок! Айтурган! Бишкектин көчөлөрүндөгү тантык жазууларды Бишкек мэриясында “тили сайрап” олтургандар эмес, жети обулустан жети кемпирди алып келип, шаарды бир аралатып чыкса эле оңдоп-түзөп коет болчу.

ТынчтыкТынчтык АЛТЫМЫШЕВ, Бишкек шаарынан, КР.  Шайлообек байке, Сиз Ысык-Көлгө барганда сууга түшпөй, жүзүңүздү гана чайып тим болот экенсиз. Мунун сыры эмнеде? Көлдүн касиетине ишенесизби?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп. Билбейм Тынчтык, мен Көлгө түшкөндөрдү көргөндө ыйык Ысык-Көлдү жылаңач денелери менен булгап жаткансып, шылдың кылып, ыза кылып жаткансып сезе берем. Ошону билгенден кийин түшпөй калгам. Жөн гана жээгинде басып жүрүп, көлкүп-чалкып жаткан көлдүн «сүйлөп» турган үнүн уккум келет.

ээ 14Рахат ТАШТЕМИРОВА, Оруссия, Ханты-Мансийск а-о, Белоярский шаарынан. Саламатсызбы? Байланышып турганымдан кубанычтамын.
1 – суроом. Көрүп жазган жана сезип жазган акындар болот дейт, өзүңүздү кайсы түрүнө кошосуз?
2. Эң алгачкы, андан кийинки жана акыркы жазган ырларыңызда кандай айырмачылыктарды байкайсыз?
3. Кечээ кайрадан турмушка төрөлсөңүз ким болот элеңиз-, деген суроого “сүрөтчү болмокмун” деп жооп бердиңиз, мүмкүн азыр деле кеч эместир бул жаатта өзүңүздү сынап көрдүңүз беле? Рахмат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Рахат! Көргөн нерсең сезимге таасир эткенде гана ыр жаралат. Сезим деген бактан жааган кебез сыяктуу. Ага ширеңке чагарың менен “дүрт” дей түшөрүн жакшы билесиң. Көргөн нерсең так ошондой сезимди “өрттөп” кетсе, анда сөзсүз андан ыр “өнүп” чыгат. Мен жалаң ошентип жаздым. Акыл менен жазылган ырлар ар дайым супсак, кургак, өңсүз-түзсүз болуп каларын билдим Ооба, мектепте мугалимдер мага көрсөтмө куралдарын тарттырчу. Бир кыз сүрөт тарткан баланы жактырып калганда, ошол баладан кызганып, ошол кызга жетиш үчүн сүрөт тартып кеткем.
Эң биринчи ырым мындай болчу:
Ыйлабачы, көздө не жазык,
Ый сапарга кубат береби?
Күтпөстүгүң үчүн же жашып,
Күтөмүн деп айткың келеби?.
Армияда жүргөн кезде, 19 жашымда жазып. гезиттке жөнөтсөм, чыкпай калган…

ТемирланТемирлан АКНАЗАРОВ, Талас облусунан, КР.  Ассаламу алейкум! Бүгүнкү күндө Мугалим ким, ким болуш керек эле, коомдогу ордуна кандай баа бересиз?. Ошондой эле президент, депутат ким?. Кийинки негизги суроом: Учурда коомчулуктун багыты мурдагыдан кыйла өзгөрүп кетти, т.а. китепке болгон тартылуу барган сайын татаалдап баратат. Ан сайын аң-сезим да башка… Китептеги байлыкты калкка тегиз жеткирүү үчүн кандай аракетти сунуштайсыз, автор катары? Окуй турган китеп көп бирок мындай ар тараптуу заманда убакыт аябай тар, ошого карабай Сиздин “Агындыларыңыз”  коомчулукка кеңири кулач жайып келе жатат… Кино тартуу идеясы деле даяр болсо керек? Жакында эле ошол чыгармаңыздан үзүндү окуп алып бир башкача, башка чыгармаларга окшобогон стилди байкадым. Ушул ж.б. эмгектериңиздин үзүрүн көрүңүз. Алдын ала Рахмат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Темирлан! Биз мугалимдерди Кудайдан кийинки орунга коюп сыйлачубуз. Мугалим биз үчүн ыйык болчу. Мугалимдердин кадырын так ошондой “ыйык” деңгээлге жеткирмейин кыргызды чындап сактап кала турган муунду “ала албайбыз”. 45 жыл иштеп 1000 сом менен пенсияга чыгарган мугалимди биздин мамлекет кандай гана шылдыңдап жатканын билесиңби? Ошол мугалимдин ордуна миң сом менен пенсияга Баекова чыкса болот эле го?. Ал эми китепти окутуш үчүн ошол эл окугудай китеп жазыш керек. Биздин керемет кыргыз тили менен жыланды да ийнинен чыгарса болот!

ээ 61Чолпонбек ЖЕТИГЕН, Бишкек шаарынан, КР. Ассалоому алейкум агай. Сизге ден-соолук, чыгармачылыгыңызга албан ийгиликтерди, үй-бүлөөңүзгө ынтымак бакубаттуулукту каалайм!
1. Биз мисалы, совет доорундагы гүлдөп өскөн кыргыз адабиятынын залкарлары А. Осмонов, Ч. Айтматов, М. Алыбаев, М. Элебаев, К. Жантөшев, Т. Касымбеков, Т. Сыдыкбеков жана башка көптөгөн гиганттардын чыгармалары менен жашап келдик, тарбия-таалим ала алдык. Булардын өлбөс-өчпөс чыгармалары дагы да миңдеген жылдарды багынтаарына ишенем. Берейин деген суроом: «Учурда биздин коомдо жашаган, бирок, качандыр бир убакта кыргыз адабиятынын залкары болуп тарыхта аты калчу инсандар» – деп кайсы бир ысымдарды атай алаар белеңиз? Деги эле барбы ошондой таланттар адабият жаатында? (мен жогоруда тизмелегендердин деңгээлинде) Биз жогоркуларды окусак бизден кийинки келчү көптөгөн муун кимдерди окуйт? Ушуга, жана деги эле кыргыз адабиятынын учурдагы абалына оюңузду кененирээк ачып берсеңиз.
2. «Манастын» бир вариантын жаздыңыз. (чын айтсам окуй элекмин жана жазып бүткөнүңүздү же бүтө элегиңизди да билбейм, угуп жүрөм.) Жазып жүргөнүңүздө кандай акыбалда болдуңуз, аян болдубу айтып жүрүшкөндөй? Манасты жазууга сизге эмне түрткү болду?
3. Учурдагы кыргыз журналистикасынын деңгээли жана акыбалы тууралуу айтып бериңизчи? Кичинекей Кыргызстанда басылмалардын саны өтө көп аны менен бирге журналистмин дегендер да толтура, мага окшоп. Саны бар сапаты жок болуп аткан жокпузбу?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Чолпонбек! Кыргыз адабиятын кайра баштан жазып чыксак болор эле. Соцреализмдин доору небак бүткөн менен биз дагы эле ошол “доорду” окутуп келатабыз. Көбүн «сорттой» турган кез эбак эле келген. Жазуучумун дегендердин баары эле тарыхта калгысы келет. Кимдерди «ыргытып», кимдерди «алып» каларын тилекке каршы биз эмес, тарых өзү аныктайт. Ошондуктан айта албайм. Айтсам эле эртеңден баштап, башыман ылдый ылай төгүп, мени сөгүп жатып каларын да билем. Бирок кала тургандарына караганда калбай тургандары аябай көп. «Манаска» жаңы вариантты аян албайле, бирок транска кирип олтуруп жазгам. Жазып аткан нерсемден ыракат алып атып жазганда гана жакшы чыгарма жазыларын жакшы билем. Калпы жок чыгарма гана жүрөктөргө жетет. Окурмандан өткөн сынчы жок! Улуу Толстой да кезинде «Мен өлгөн соң артымда мени окуй турган 6-7 окурманым болсо бактым ошол» деген экен. Кыскача ушул.

ээ 61Каныкей ЭСЕНБАЕВА, Истамбул шаарынан, Түркийа. Саламатсызбы Шайлообек ага! Сиздин чыгармачылыгыңызга ийгилик, ден-соолугуңуздун бекем болушун Кудайдан тилөө менен бере турган суроомо өтсөм: Бек Борбиевдин «Эркинай» деген ырынын сөзү сизге таандык деп билебиз. Эгер ошол чындык болсо сиздин жашооңуздан алынган, үч кыздан кийин Эркинайга жолуккан деп жүрүшөт, акындын башынан өткөргөн окуясы деген сөз кайдан чыккан? Негизи эле аял-эркектин ортосунда сүйүү барбы?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Каныкей, Бектин «Эркинай» деген ыры меники эмес. Кимики экенин да билбейм. Экинчи сурооңо: Аял менен Эркектин ортосунда сүйүү болгон үчүн АДАМ менен ЕВА бейиштен кубаланып олтуруп…кубалашып олтуруп ушул күнгө келбедиби. Манастын махабатын жүрөгүнө каткан Каныкей апабыз көзүнүн жашын төгүп туруп, ырым кылып Тайторуну чаппады беле, “Семетей Таласты табаар бекен, Семетей Кыргызды багаар бекен?” деп. Сүйүү бар үчүн ЖЕР ШАРЫ огунан тайып кетпей айланып турбайбы!..

Расулээ 61Расул САЛАЙДИНОВ, Кочкор районунан, КР. Шайлообек байке кичи мекениңиз Ат-Башы айылына тургузулган аттын башы эстелигине сиздин оюуңуз кандай болду?
2. Баарыбызга тең жашты жараткан берет дечи бирок сиз канча жашка чыга жашасам деп кыялданасыз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Расул, мен ошол кезде эле эстеликтин автору, Кыргыз үчүн ондогон заводдорду иштетип, жаштарга иш таап берип, мыкты үлгү көргөзүп келаткан бизнесмен иним Шаршенбек Абдыкеримовго (АЮУ) айткам, «мага бул мойну кесилген атың жаккан жок!» деп… Азыр да ошол ойдомун. Былтыр маршруткада келатсам 87 ге чыккан бир аксакал түшүп баратып «сен 90 го чыгасың» деп айткан. Ичим жылый түшүп тим болгом. Ошон үчүн тиякка кеч барайын деп дайыма жолдо жөө баратам…
Расул САЛАЙДИНОВ. Чоң рахмат Шайлообек байке! Өмүрүңүз узун болсун!
Өткөндө Ош базардан «Агындылар» аттуу китебиңизди көрүп сатып алууга чөнтөгүмдөгүнүн чамасы жетпеди, Кудай насип этсе окуп калаарбыз...

ээ 61Гулжан КОЙЧУМАНОВА, Ош шаарынан, КР. Шайлообек агай, сиздин руханий дүйнөңүздөн эстетикалык жактан калыптаган өтө татаал поэтикалык личност жашайт тура. Чыгармаларыңызда да турмуштук бай тажрыйбаңыз учурдун сезимталдыгы, өткөндүн баалуу элестери жана келечектин көрө билүү туюму көркөм чеберчилик менен терең камтылган.
Сиздин поэтикалык дүйнөңүздөгү баалуулукту реалдуу адамдын тагдырынан камырдан кыл сууругандай руханий дүйнөсүн сууруп чыгып, коомдун тагдыры менен байланыштырып, адамзаттык баалуулуктарга жуурулуштуруп, замандын кайсы учуру болбосун актуалдуулугун жоготпогон жандуу көркөм дүйнө жарата алгандыгыңыздан байкадым.
Башкалардан айырмаланган акындык өзгөчөлүккө дагы бир белгилей кетчү нерсе, учурда аны эмне терең түйшүккө салгандыгын өз учурунда аныктап, ага экинчи өмүр тартуулай билгендигинде.
Тагдырдын сыноосуна туш келген кезде өзүңүзгө кандай суроо бересиз? Ички дүйнөңүзгө үңүлүп кирип, кубаныч, кайгы, таарыныч, жек көрүү сыяктуу сезимдериңизди тез эле аныктап иретке келтире аласызбы? Өзгөчө кайсы сезимдерге таасирленип чыгарма жаратасыз? Жан дүйнөңүз мусулман динин кабыл алдыбы?
Шайлообек агай, сизди кыргыз адабиятында өз ордун тапкан шедеврлердин катарынан көргүм келет. Калемиңиздин сыйкырдуу сыясы кургабасын!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Гүлжан, адам баласы өмүр бою сыноодо болот. Кыргыз “Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык болот” деп айткан. Өмүрүнүн жарымын өз бактысын издеп. “тытылып”, “жыртылып” жүрүп жашаган адам өмүрүнүн калганын жыргап-куунап жашарын билдим. Ошон үчүн адамга МЭЭНЕТ деген шашып келип, ДӨӨЛӨТ деген шашпай келет. Жакшылыкка алып барчу жол жамандык аркылуу өтөт. Жамандыкты “кечип” өтпөй тапкан жакшылык туруктуу болбойт. Морт болот. Адам болгон соң баары керек. Ыр да. ый да, кайгы менен ыза, күлкү менен кубаныч да керек. Мен азыр кыргыз сөзүнүн кереметине таң калып, сонуркап жүргөн чагым. Сөз деген улуу нерсе экен. Андан улуу нерсе Үн экен. Адам сөз менен түшүндүрө албай калганын үн менен түшүндүрөт экен. Сүйлөп атып түшүндүрө албай калганда эмне үчүн адам ыйлап жиберет. Көрсө ҮН деген да өзүнчө бир укмуш нерсе экен..

ШиринШирин ИСКАКОВА, Алматы шаарынан, Казахстан.

1. Менде сиздин «Агындылар», «Туз», Алтайга баргандагыңыз тууралуу жана Манас жөнүндө жазылган төрт китебиңиз бар. Калгандарын, мен билбеген китептериңизди дагы өздүк китепканама кошкум келет, аталыштарын атай кетсеңиз.

2. Жаш балдарга жана өспүрүмдөргө арналган китептериңиз барбы?
3. Радиодон абдан кызыктуу баяндарды айтканыңызды угуп жүрөм, ошо баяндарыңызды дисктерге чыгарып калкка жеткирсе сонун болмок. Ошондой дисктер чыкса балдарыма, өзүбүз угуш үчүн алмакмын, баяндарыңыздын жаш муунду тарбиялаганга салымы чоң. Азыр адамдарга руханий азык жетишпей жаткандай сезилет, а сиздин айткан кептериңиз чучука жетчүдөй даана жана көөдөндөгү көздү ачканга жардам бермек деп эсептейм. Алдынала рахмат Сизге, чыгармачылык ийгилик!.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Ширин, балдар үчүн илгери “Тайгүлүк” деген китебим чыккан. Китептер: “Аптап”, “Сүйлөшкөнгө чейинки сөз”, “Кайдыгерлик”, “Арабадагы ыр-1”, “Арабадагы ыр-2″…

АсырАсыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан, Финляндия. Шайлообек байке, сиз кыргыз элине акын гана эмес кара кылды как жарган калыс, акыйкатчыл, оозуңуздан оргуштап, адамдын ойуна келбес идеалары агып турган мыкты журналист катары дагы таанымалсыз. Айтсаңыз, азыркы чыгып жаткан кыргыздын жаш журналистерине кандай баа берет элеңиз? Дегеле журналистер коомду кайсы тарапка ээрчитип жатат, оң жолгобу же тескери буруп жатышабы? Дегеним, кийинки кездерде, акыркы үч-төрт жылда жалаң гана ушак деңгээлинен өйдө көтөрүлө албай калгандай туйулат, ушуга кандай карайсыз?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Асыран! Экөөбүз иштеген кездегидей эмес… Мен кечээ эле жаш журналисттер менен жолугуп, кеп-кеңешимди “төгүп” келдим. Азыр жалаң “окубаган” журналисттер биринин артынан бири келип жатат. Китеп окубаган адам сабатсыз болот. Алтургай “журналистиканы” окубаган, эч кандай адистиги жок “балдар-кыздар” келе баштады. Мен кечээ айттым жаштарга. “Эч качан бирөөнү жок жерден каралаган, жок жерден жамандаган “ыплас” макала жазбагыла” деп.. Каргышка каласыңар деп айттым. Мисал да келтирдим. Илгери мен ушундай бир бузуку адамды көргөм. Ал бирөөлөрдү каралап, жамандап. бири-бири менен кайраштырып жазчу. Көчө менен көчөнү, эл менен элди чабыштырчу. Аялы жоош адам эле . Жооштугунан чубуртуп тууй берип, 12 ни төрөп берген. Акыры баягы “бузукунун” бузукулугу Кудайга жетип, Кудай аркылуу элдин каргышы кара күчкө айланып келип урганда 12 баласы биринин артынан бир ооруп өлө берип, анын артынан аялы каза болуп, өзү да элден-журттан чыгып, тентип, талаада итке таланып жок болгон. Кишилер алтургай өлүгүн көмбөй, моргко тапшырып берген. Мен жаш журналисттерге ушуну айттым. Эч качан жалган жалааны, жаман балааны жазбагыла. Ушакты жазган адам акыр түбү каргышка калат деп айттым.

ээ 61Бактыгүл КАЛЫКОВА, Алматы шаарынан, Казахстан.
Шайлообек ага, саламатсызбы?
Менин суроом: 1. Кыргызстанда кыргыз тили деп коюп эле, кайра чоңдор өздөрү неге орусча сүйлөй беришет?
2. Кыргызстан чакан өлкө, 25 эле депутат жетпейби, 120 депутаттын бизге кереги бар беле? Аларга кеткен чыгымдарды окуп алып кайгыра берем, карапайым кары-картаңдар 3000 миң сом пенсия менен эптеп жашоо кечиришет, ал эми пособия жөнүндө айткандан адам уйалат, 600 сом бир айга, ушуга Сиздин көз карашыңыз кандай?

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Бактыгүл! Мен жана да айткам. Кыргызстанда ар бир адам кыргыз тилисиз жанын багалбай калгандай шарт түзүлгөндө Ак Үйдөгү депутаттар эле эмес көчөдөгү иттерибиз да кыргызча “үрө” баштайт. Зарылдык түзүлмөйүн тилдин баркы кеткени кеткен, кадыры түшкөнү түшкөн… Жакшылыктан үмүт үзбөй туралы. Анткени биздин жердей бейиш жер жок эмеспи.

эжамилаАзизбек АСАБАЛА. Маскөө шаарынан, Оруссия. Ассалоомуалейкуум. Шайлообек агай. Оболу сизге ден- соолук, өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык илхом каалайм.
Суроом мындай:
1. Бул жалганда сизди өкүндүргөн жана кубандырган нерселер….
2. Кыргыз маданиятынын келечегин кандай көрөсүз….
3. Ааламдагы башка тилдерден кыргыз тили эмнеси менен баалуу?
4. Эмнеликтен мамлекеттик иш кагаздар кыргыз тилинде жүрбөй аксап калган, аны кантип жолго салса болот?
5. Сиз эне тилди барктабаган “чиновниктерге” кандай чара көрөөр элеңиз?
6. Баштап алып аягына чыга албай калган чыгармаңыз барбы… жана эмне себеп…?
7. Эне тилин унуткан “киргиздерге” сиздин кеңешиңиз…..
Жазылбаган ырларындай акындын,
Унутулган сөздөрү көп калкымдын.
Төшүм кагып мен Кыргызмын!-десем да,
Сөзүн кошуп сүйлөп алам орустун….
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Азизбек, Кыргыздын пейлинин тарыганы, ач көздүккө, дүнүйө кордукка азгырылып баратканы өкүндүрөт. Жаштардын чет өлкөлөрдү кезип барып жашап, иштеп жаткан “эрдиги” кубандырат.Карамолдонун күүсүн улап келаткан Улуу Нурактын окуучлары барында комуз өлбөйт. Дүйнөдө кыргыз тилиндей кумарлуу. улуу тилди көрө элекмин. Биз жазуучулар анын дүйнөсүн, сырын дагы ачалбай келатабыз. Эне тилдин баркына жете албагандарды энелердин сүтү урат деп ойлойм.

ээ 61Толукбек МЕНДЕБАЕВ, Маскөө шаарынан, Оруссия. Гений акындардын көбүнүн эмгеги көзү өткөн соң бааланат.Сиз бар кезиңизде бааланган бактылуу акындардан деп эсептейм.Ар бир адамдын бир арманы болот эмеспи?Сиздин адам катары,акын катары бир арманыңыз барбы?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Кыргыздардын башка элдерге үлгү болалбай, мыкты сапаттарын иш менен далилдей албай, өлкөсүн кура албай жатканына, анан анысын билбей, “Манастын тукумубуз! Япондор бизден чыккан” деп мадырайып мактанып турган түркөйлүгүнө арман кылам.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Ушуну менен «Көч Байланышыбыз» соңуна чыкты. Тизмеге жазылгандардан алтоо кечигип, келбей калышты. Анткен менен дагы бир аз убакытыбыз бар экен, каалоочуларга эркин микрофон берсек болчуудай. Кыскача ойуңар менен кошо каалоо-тилек айтсаңар болот!.
А мен жалпы «Көчмөндөрдүн» атынан Шакебизге жана «Байланышка» жигердүү катышкан досторума терең ыраазычылык билдирем!. Арыбаңыз Шаке, бар болуңуз Кыргыз генийи!.

Толукбек МЕНДЕБАЕВ.
Бар болуңуз акын агам!Чоң алкыш сизге!
Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Не деген менен АКЫН окурманына чечекейи чеч болуп, жүрөгүн ачып, чын дилинен жооп бергенин окуп отуруп, балли дедим! Бар бол, Шайлообек акын!
Гулжан КОЙЧУМАНОВА. Асыран Айдаралиев мырзага да чоң рахмат! Чоң-чоң чыгырмачылык ийгиликтерди жарата берсин, кыргыз көчүн улантып!

Чолпонбек ЖЕТИГЕН.
Айтпаңыздар бизди акын дебеңиз,
Бизди ак ундун, улпагына теңеңиз.
Шаке сиздей дөө-шаалардын артынан,
Эшек минип ээрчип келе беребиз.
Бар болуңуз, бакубат жашаңыз.

Эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВ "Көчмөндөрдүн" "Он-лайн Байланыштагы" суроолоруна жооп берип жатат.

Эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВ “Көчмөндөрдүн” суроолоруна жооп берип жатат.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эмесе мындай Достор! «Көч Байланышыбыздын» эң «маанилүү» жерине жетип келдик десек болот го?.
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев «Байланышыбыз» башталаар алдында, ага катышып, суроо бергендердин ичинен өзүнө жаккан бир суроого жакында жарык көргөн «Агындылар» аттуу китебинен бирди өзүнүн кол тамгасын жазып туруп атайын белек катары тартуулаарын убада кылган эле. Айтылгандай эле азыр «Байланыш» бүткөндөн кийин Шакебиз суроолордун ичинен Калмамат Турдубаевдин суроосу жакканын, ага айтылган белекти дайардап койоорун мага айтып, билдирип кетти. Андыктан белегиңиз кут болсун Калмамат ага!. Куттуктайбыз!.

«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист. Келсинки шаары. 7-8-июнь, 2014- жыл.

2 thoughts on “Көч Байланыш..

  1. Албетте Шайлообек ағаға
    терээң ыраазычылық билдирем жана мындан ары да албан ийгиликтерди қаалайм.
    Ошону менен эле бирге,
    Шайлообек аға да
    көпчүлүк, дээрлик баардық
    менин майектештерим сыйақтуу эле
    менин биринчи жана тақай,
    кимге болсо да узатчу, төмөнкү;
    “1). Урматтуу Шайлообек аға.
    Бүт,
    түркү тилдүү (қырғыздарға; тилдеш, үндөш, тыбышташ) улуттағы элдер бирдей (тыбыш, добушта) айтып,
    бирдей жазып,
    бирдей оқулчу сөздөрдө қолдонулчу; “Қ , Ғ, Ҳ , Ә” сыяқтуу тамғаларды,
    бизге тилдеш элдерден өзгөчөлөнүп,
    қырғыз тилинин тағаларынын қатарынан чығарып,
    аларды қырғыз тилиндеги текст жазууларда қолдонууға тыйуу салууға,
    биздин тилчи аалымдарыбызға қандай илимий аргументтер негиз болғон?”
    – деген суроомду қыйғап өтүп, дароо эле экинчи суроомо жооп беримиш болуп, биринчи суроону
    жоопсуз қалтырғаны, маға өкүнүчтүү.
    Ушул сурооғо эч кимден ынанымдуу жооп алалбай жүрөм.

  2. Көч байланышына катыша албай калганыма абдан өкүнүп калдым. Эми Шакемдин өзү менен кантип байланышсам болот экен?
    Саламым менен Мусакун.
    mr.musakun@mail.ru

Leave a Reply to Бектурсун Алибеков Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *