Маанилүү маек..

ээ 21Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны:

«ЭНЕМ МАГА КУДАЙДАН ЭМНЕ ДЕГЕН УЛУУ БАКТЫНЫ СУРАП БЕРИП КЕТКЕНИН ЭМИ ТҮШҮНДҮМ» 

– Агай, сиз менен “Агындылар” аттуу китебиңиз тууралуу сүйлөшсөмбү дедим эле. Китептин тагдыры жакшы болду. Биз да бир нече ирет үзүндү бастык эле, телефон чалган окурмандардын аягы азыркыга чейин басылбай келет.

– Рахмат! “Де-Фактонун” барбаган жери жок экен, Суусамырдын жан жетпеген жеринде бээ саап жүргөн аялга чейин жетиптир. “Кымыз чыкканда келип китебиңди алып кетем” – деп чалды. Силерге үзүндүсү чыккандан кийин миң китеп төрт айга жетпей тарады. Акжолтой гезит болдуңар. Буга чейин деле китеп чыгаргам, бирок тагдыры мындай болот деп күткөн эмесмин.

– Китептин баш сөзүн жазган Табылды Эгембердиев: “Шайлообектин “Агындыларын” көнүп калган бир дагы жанрга жабыштыра албайсың. Бул роман да, повест да, очерк да, аңгеме да, мемуар да эмес, иши кылып эчтеке эмес”, – деп жазган эле. Сиз ушуга макулсузбу?

– Табылды деген Кудай колдогон киши, анан ошондой Кудай колдогон киши бекер айтмак беле. Жазып атканда жанры тууралуу ойлогон да эмесмин. “Агындылар” боюнча курстук ишин жазып аткан кыз “Китептеги эненин образын кандай жараттыңыз эле деп сураганы келдим” дегенде мен ага: “Образ-мобраз” деген оюма да келген эмес, болгону энемди менден жакшы билген эч ким жоктугун, ыраматылык өмүрүндө оозуна эч жаман сөз албаган, кыйналган жашоосу үчүн заманга догун артпаган, эч кимге даттанбаган, бечара турмушу үчүн эч кимди күнөөлөбөгөн, тапкан-ташыганын жалгыз мени багууга жумшап, жокко да, барга да чыдап, өлөр өлгөнчө мээримин төгүп жашаган, кокустан байкабай жаман иш жасап алса, “Кудай, анымды кечире көр!” деп артынан кайта-кайта жакшы иш жасаган кемпир экенин билчүмүн, ошондуктан аны менден бөлөк эч ким айтып бералбасын ойлоп, энем тууралуу айтып берейин дегем” деп айттым.

– Айылдын, адамдардын, кыштын, жолдун, чөптүн, чаңдын сүрөтүн тартканда көзгө кудум эле кино тарткандай элестетет экенсиз. Сөзүмдү бышыкташ үчүн “Агындылардагы” ушундай бир сүрөттү толугу менен келтиргим келип турат: “Шапалакка сүйрөлүп келаткан, али табы кайталек Күн. Көп туякка чыдабай ойгонуп кеткен таш жол чаңып барат. Ымтырап чаң да ыкшоо, жерден бир аз эле көтөрүлүп, уйкуга мас болгон эмедей саксайып тура калып, бозала боло түшүп, темтеңдеп барып аңызга бети менен тийип, оонап жыгылат. Жол жээгинде чабылбай кала берип, ансыз да өңү таанылбай калган кодура чөптөр, бою өспөй калган куу шыбак кумсаңдай түшүп тим болот…”. Мындай адамды тамшанта турган сүрөткерлик сизге кайдан келген?

– Мен бир ирет, “жаш кезимде сүрөтчү болсом деп тилек кылып жүрүп, айлам жогунан сүрөтчү болалбай калгам, бирок анын өчүн мен сөз менен сүрөт тартып алып келатам” деп жазбадым беле. Художниктер бири живописчи, бири портретчи, бири башка болуп ар түркүн жанрга адистешет эмеспи, а менде кудай жалгап ушулардын баары бар окшобойбу, анткени уй, кой, эшек эле эмес, суунун, чөптүн, таштын, кыштын, кишилердин кебете-кешпирин, жадагалса кайгы-муң менен күлкүнүн өңү-түсүнөн бери сөз менен кемелине келтире тартып бере аларымды байкап калган Табылды менен Нуралы ой-боюма койбой, мактап-жактап, делбектетип, жөн турган ташты тоголотуп жибергенсип, жөн турган жеримден мени “тоголотуп” жиберишпедиби. Адамды арамзасыз, какшыктабай, чын ниет менен мактаган сонун болот экен. “Шаке, сенин гана колуңдан келет, сенден бөлөктүн колунан келбейт, эч нерсени карабай жазып кал” деген сайын элеп-желеп болуп, эт-бетимден кетип иштебедимби. Сөз – менин кистим, ырдай турган үнүм, боёй турган боёгум болуп калды. Баратбай досумду уят кылбайын, Табылды менен Нуралыны уят кылбайын, ушул үчөөнү уят кылбасам болду, ушул үчөөнө жаксам бүт элге жагам, андан көрө жазып аткан нерсеме жанымды салып иштейин, “жаны” жок кылып албайын деп таш көчүк жаным, байлап койгон иттей болуп ордумдан жылбай, кээде таңкы саат алтыдан түнкү саат бир-экилерге чейин иштеген күндөрүм болду. Бирок чарчабай, жыргап иштедим. Жаны бар китептер сага айтпаган сырларын айтып, сүйлөп, ыйлап, ырдап турарын Айтматовдун “Жамиласын” окугандан кийин билгем. Анан “жазуусу” бар болгон менен “жаны” жок болуп калбагайле деп ар бир сөздүн “колу-башын” кармалап, көкүлүн сылап, баскан-турганын тыңшап, бетинен өөп, мазарга түнөгөнсүп ар бир сөздүн “түбүнө түнөп” жүрүп жазганым текке кеткен жок. Көп жазуучулар жазуучу болдум деп Кудайды карабай калат эмеспи, мен Кудайды карап туруп жаздым. Кудайды карап жазганда калп айталбай калат экенсиң, ушунум сонун болду. Кудайым да мага: “Жаныңды салып иште, жазганынын “жаны” барын же жогун жазуучу деген эч убакта өзү билбейт, окурман гана билет, жазуучу деген жазынып атып, көзү тумандап атып көбүнчө “өлүү” тууп таштайт, кыргызда “өлүү” туулган китептер өлгүдөй көп, жазгычтарга жагайын деп жазсаң ит болосуң, элге жагайын деп жаз” деп тынбай шыбырап турду. Айтып атпаймбы анан, орустар “душа” деп коюшат го, мен ошо “душамды” дуулдатып, жанымды жагып олтуруп жаздым.

ээ 32– Энеңиз чынында эле керемет жан болуптур…

– Китептеги актай алкактын алдында: “Бул жерде энемдин сүрөтү туруш керек эле. Тилекке каршы сүрөтү жок. Бирок анын эч кимге көрүнбөгөн элесин мен гана көрүп турам” деген жазуу турбайбы, ошону окугандан кийин мага кат жазган Сузактык үкөм Алимжан Чотбаев: “Ооба, бул адамдын арылгыс арманы. Окугандан кийин башкалар кандай кабыл алат билбейм, бирок “Агындыларды” окугандан кийин Канымгүл Эненин элесин мен да көрүп турам”, – деп жазбадыбы. Катты окуп алып көзүмө жаш алдым…

Мен энеме эл катары эстелик коё алган эмесмин. Бирок “Агындылар” аркылуу эстелик койдум деп ойлойм. Байкушум, басса-турса эле Кудайга жалынып жүрүп, кыргыздын каада-салтынан тайбай жүрүп, мени мээрими менен макал-ылакаптарга ороп жүрүп баккан экен. “Шакенбай, балакетиңди алайын, бирөө сага жамандык кылган күндө да сен ага өчөшүп жамандык кыла көрбө. Антсең кайрылып келип өз башыңа тийет” деп көп айтчу. Анан эртели-кеч: “Кудай ушунумду жамандын жакшысы кылганча, жакшынын жаманы кыла көр” деп эле кобурай берчү. Агезде анын маанисин деле түшүнчү эмесмин. Көрсө энем мага Кудайдан эмне деген улуу бактыны сурап берип кеткенин эми түшүнүп олтурбаймбы…

– Жазганыңыздын элге жагып атканын качан сездиңиз?

– “Агындылар” өткөн жылдын октябрынан баштап элге тарай баштады. Ошондон ушул күнгө чейин телефондун жаагы тына элек. Жаныбек Жанызак келиптир, бир күнү үйгө Прагадагы Караматка китеп алганы: “Эмне балээни жаздың эле, өмүрү китеп окубаган катыным түнкү саат үчкө чейин окуду китебиңди” деп… Илгери “Кыргызстан аялдары” деген журналда иштеген Ырысбек азыр пиво тартып, корей-машине айдап жүрөт. Акчасын бапыраңдатып келип “Агындыларды” сатып алып кеткен. Кечинде чалат: “Светофордун кызылы күйгөндө барактай калайын деп кызыгып кетип, жашылы күйгөндө бирге салып коюп окуп баратып, “тарс!” эткенде башымды көтөрсөм, алдымда бараткан орустун легковоюнун фарасын талкалай сүзгөн экем, сөгүүсүн угуп, 2 миң сом штрафын төлөп, сенин китебиңден тапкан пайдам ушул болду” деп күлдүрдү. “Азаттык” радиосунун башчысы Венера Жуматаева Прагадан туруп интернет-сайт аркылуу “китепти ыйлап отуруп окудум” деп жазары менен чет өлкөдөгү кыргыздар жабыла китеп сурап кирди.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолорун” алып барган кызыбыз Айзада Касмалиева китептеги жетим баланын алты километр жолду жөө басып мектепке барып-келгенин окуп берсе, 7 жаштагы кичинекей кызы “Баланы карышкыр жеп кетпейби анан…” деп көзүнөн жаш тоголонуп ыйлаганын айтып оозумду ачырды.

Токтогулдук келин: “Күндө “Агындылардын” ошол жерин окуп, буркурап ыйлап алып ишиме жөнөйм”,- деди.“Кайсыл жерин?” десем, “секрет” деп айтпай койду.

Бирок ал «секрети» кай жеринде экенин өзүм билип турам….

“Агындылардын” генералдар, академик, медик, илимпоз окумуштуу, окутуучулардан тартып катардагы милиция, мектептеги мугалим, айылдагы фермер, бизнесмен, дыйкан, сатуучу, базарда олтурган соодагер, үйүндө олтурган пенсионерлерге чейин бирдей таасир берип, бирдей жакканы жагымдуу болду.

Кечээ бир кыз чалып:

– Чоң апам берки жазганыңызды окуп бүтүп, кийинкисин алып кел деп жанымды койбой жатат. “Китепти эми мага бериңиз, мен окуп чыгайын?” десем, “Жоготуп ийесиң, каникулга келгенде окуйсуң” деп, чүпүрөккө ороп туруп сандыгына катып алып бербей койду. Агай, “Агындылардын” жаңысы чыктыбы? – дейт.

– Э кокуй, көкүрөгүм жаңы эле бошободубу, ошол толсун айланайын, толтуруп алып анан жазайын, – дедим.

Билимдүү Чубак ажы окуп чыгып “Ат-Башыны аралап келгендей болдум. Нарындын кемпирлери деле Жалал-Абаддын кемпирлерине окшош болот экен” деп айтты дешти.

Султан Ак торпок: “Ооруканада жаттым эле, “Агындыларды” окугандын эртеси куландан соо болуп сакайып, ооруканадан чыгып кеттим, Шаке”, – деди.

Нуралы Кеминдин китепти кадырына жетип окуган “Тегирментиликтерге” алып барды эле, өткөн жылдан бери тегеренип эле окуп жатышат…

Балыкчыдан Курманбек деген жигит келип: “Менчик дүкөнүм бар, дүкөнгө келген кишилер сиздин китепти сурай берип, “макул, сураган китепти апкелип берейин” деп келдим” деп кечээ 15 китеп алып кетти.

Өткөн ишембиде мындай бир окуя болду. Адегенде “Ак-Ордо конушунан келатам, кандай барам?” деп бирөө чалганынан адресимди айтсам, 204-маршруткага түшүп алып адашып кеткен экен, анан кайра чалып, мен ага кайра түшүндүрүп, анан жөө-жалаңдап жүрүп Ош базарынан 107-маршруткага олтуруп, “Агындылардын” баасы 6 миң сом деп каңырыш угуп алып, ага болбойле 6 миңин салып алып мени таап келген киши 71 жаштагы аксакал болуп чыкты. Беш миңин өзүнө калтырып, атайылап издеп келип “Агындыларды” кубанып алып кеткен ал кишинин жөн-жайын айтып бербесем болбос. Шыргыйдай түптүз болгон арык, сыры кетип баратса да сыны кетелек сымбаттуу чал экен.

– Көк-Жардагы чоңдордун айлында Апас Жумагулов менен кошуна жашагам. Азыр Ак-Ордодо турам, атым Бейшеналы, атамдын атын угары менен кыргыздар жийиркенип турат, анткени фамилиям Шаяхунов, – деди ал сакалын сылап. –Бирок суу кошпогон кыргызмын. Көлдүн “Темировкасынан” болом. Чоң аталарыбыз Кытайда туулуп, Кытайда өсүп, курган чоң энем 23тү төрөп, балдары токтобой улам бири өлө берип, жүрөгү түшүп калган неме атабыз туулганда ырымдап уйгур досуна “сатып”, кайра андан “сатып” алып, кулагына сөйкө тагып, эркек эмес кыз деп ататтырып, атын атайылап уйгурча Шаяхун деп койгон экен. Кийин кытайдан быякка келдик. Атам башкарма болду, башка да болду. Мен эр жетип, политехке өтүп, жаңы эле шаар аралап чыкканда “бараны” деп басынткан океңдин башын жара муштайм деп биринчи курстан айдалып, кесилип кете жаздап кутулуп, ошол бойдон окубай калып, өмүр бою машине айдап жүрүп пенсияга чыккам. Бир көзүм бузула баштаганынан доктурга барсам, көрүп туруп дарысын аттырды да:

– Эми мунуңуз такыр көрбөй турган болду, – деди.

– Көрбөгөн көздүн эмне кереги бар, чукуп сал, – десем, көркүңүздү бузуп салат деп болбой койду. Ошондон бери көрбөгөнүнө карабай “көтөрүп” жүрөм, – деп оң көзүн көргөздү.

– Китепти кантип окуйсуз? – дедим.

– Тим эле балээдей окуйм. Бир башка бир эле көз жетет экен, – деп тамекисин жандырды.

– Эмне кылып атасыз? – десем:

– Эң кенжеме үй салып атам, – дейт.

– Китептин дайынын каяктан уктуңуз же “Де-Фактодон” окудуңузбу? – десем:

– Бийликтегилериң да, өкмөтүң да болбой калды, эми эмне кылабыз? – десем, “ошонун баарын “Агындылардан” табасыз” деп Алимжан айтты”, – дейт. Анан “Азыркы балдар улууларды укпай калды, уят-сыйыт деген кетти, эми эмне кылабыз? – десем, “Ага да жоопту “Агындылардан” табасыз” деп Алимжан айтты, аны-айтсам деле “аны ошо китептен табасыз”, муну айтсам деле “аны ошол китептен табасыз” деп айта берип такыр уктатпай койду, аны угуп алып үйгө олтуралбай койдум, маган ошол Алимжан айткан “Агындыларды” таап бер”, – деп келиптир. Кол тамгамды коюп, телефонумду китепке жазып берип коштоштум. Маршруткага түшүп алып келген жагына кайра кетти. Мына ушундай, иним. Жазуучулук турмушумда мынчалык жыргаган учурум болгон эмес. Балким Айтматов жыргаган чыгаар, бирок анда союз убагы эмес беле. Ушинтип китебиңди окуйм дегендер үйүңө чейин издеп келип, колдон түшүрбөй талап турса жазуучу үчүн мындан өткөн бакыт болобу?!

– Анан “мына эмесе” деп дагы жазып атасыз…

– Балээни жазамбы. Ушу бойдон жазбай каламбы деп коркуп атам. Анткени, күндө телефон чалып китеп сурашат. Китеп сурай берип, телефондун жанынан чыкпай калдым. Барган сайын дагы чалса экен, бат-бат чалса экен деп эңсей баштачу болдум. Сурагандар көбөйгөн сайын көңүлүм ачылып, сурабай калса көңүлүм чөгүп, бала-чакамды кыртышым сүйбөй, Зейне менен сүйлөшкүм келбей, сыртка чыгып итти тээп, телефон “чыр” этери менен чуркап барып баса калып, ала койсом Табылды же Нуралы же Баратбай болуп чыгып, “Качан болсо “мишайть” этип ушулардыкы өттү, жанталашып чалбайле коё турбайбы” деп алардын чалганын жактырбай калбадымбы бир заматта. “Дүнүйө жаманды бузат” деген чын экен. Базардагы соодагердин товары өтүп турса кадыры артып шаңкылдап, кабак-кашы жаркылдап турарын эми түшүнбөдүмбү. Көрсө бу китеп дегениң деле товар экен да. Жакшы жазсаң өтөт экен. Жаман жазсаң өтпөйт экен. Анан жанагы “китеп окулбай калды, жакшы китеп жазылбай калды” деген сөздөрдүн баары карандай калп экенин, мындай жалган, калп сөздөрдү дал ошол китеби өтпөгөн, жазса да жаман жазган жазуучулар ойлоп чыгарарын эми араң билип атпаймбы.

2002-жыл, 1-июль. "Агым" гезити эс алуу учурунда тартылган сүрөт.

2002-жыл, 1-июль. “Агым” гезити эс алуу учурунда тартылган сүрөт.

– “Китеп товар экен” дедиңиз, анда ошол товарды сатып байыса болот бекен?

– Байыбасам да бапырап калдым. “Эти этке, сорпосу бетке” дегендей, Табылдыдан же Салымбековдон акча сурабай, “Бере коёр бекен же бербей коёр бекен?” деп көрүнгөн байды тиктеп жалдырабай, “Агындылардан” түшкөн акчама ошол эле “Агындылардын” экинчи партиясын чыгардым. Болгондо да биринчи жолу эчкимдин көзүн карабай туруп, өз акчама китеп чыгардым. Буга мен кадимкидей канааттанып, өзүмдү өкмөткө өлүгүн артып, шилекейин куюлткан союздун мүчөсү эмес, кадыресе тирүү адам катары сезе баштаган, керек болсо өзүмдү Эгембердиев менен Салымбековдон да артык сезе баштаган абалга келбедимби. Эми мындан аркы китептеримдин жолун да Кудай ушундай шыр кыла турган болсо, анда мен сөз жок “Эгембердиев дегениң эмне экен?”, “Кайсы Салымбеков? Ошондойлор да барбы?” деп ыргыштап калчу күнгө да жетип барам го деп кубанганымдан чыдай албай турам.

– Стилиңиз дароо эле көзгө урунду. Тилиңиз таттуу, жанга жагымдуу экен. Жазуучунун стили деген эмне?

– Жазуучунун стили деген анын өзү, өзүңдүн баскан-турганың, улуу-кичүүгө жасаган мамилең, сүйлөгөн сөзүң, кээде былтыйып сүйлөбөй койгонуң да стил. Өзүңдүн чыныгы кебете-кешпириңди жаап-жашырып, каратып туруп калп сүйлөп, жаркылдап туруп жалган сүйлөп, акылы анчалардын алдында акылдуу көрүнгөн адамдын жасаганы да, жазганы да калп, жалган, жасалма болот. Башкача айтканда стили жок болот.

– Жакында “Агындылардын” кытайдагы уйгур туугандардын тилине которулат экен деген жаңылыкты “Азаттыктан” угуп калдык.

– Ал чын. Кытайлык уйгур жигит атайылап келип жолугуп, “Агындылар” менен кошо макулдугумду алып кетти. Кыргыз жазуучуларынан Ч.Айтматов менен Т. Касымбековду которуп басыптыр. “Келишим түзгөнгө чогуу барып бер, мен андай-андай кагаздын аки-чүкүсүн жакшы билбейм” десем, “Сага барбаганда кимге бармак элем” деп Табыкем бакылдап, жакын арада чакырык келип калат го деп күтүп жүргөн чагыбыз.

– Котормо деп калдык, ал жөнүндө эмне айтар элеңиз?

– Колдон келсе которулбай эле койгон оң. Айрыкча ырды которуу мүмкүн эмес. Кандай мыкты котормочу болгон күндө дагы жазуучунун өз энесинин тили менен жазганын башка элдин энесинин тили менен “айтып” бералбайт. Ушуга бир мисал келтирейин, ишенсең, койсоң өзүң бил. Чоң стилист жазуучу Ашым Жакыпбеков Чыңгыз Айтматовдун “Прощай Гүлсары” деген чыгармасын орус тилинен кыргыз тилине которгон. Ошону Нуралы байкең айтып атпайбы, “Чынында эле Ашыке укмуш которгон. Керек болсо ашыра которгон. Бирок ошентем деп атып улуу Айтматовдун үтүрдөн чекитке чейинки, абзацтан абзацка чейинки, окуядан окуяга чейинки демин, үнүн, сүйлөгөнүн, дабышын, баскан-турганын дал өзүндөй бералбай калган. Айтматовдун “Прощай Гулсарысын” окуп, анан Ашыке которгон “Жаныбарым Гүлсарыны” окуп, бирин-бирине салыштырып, “Прощай Гулсарыдан” Айтматовдун өз колун кармап, колунун табын, демин сезип турсам, Ашыке которгон “Жаныбарым Гүлсарыны” окуган соң Айтматовдун колун эмес, Жакыпбековдун колун кармап тургансып, Айтматовдун колунун табын, тыноо каккан демин сезе албай турдум. Айтматовдун жай, токтоо, салмак, сабыр менен баяндаган үнү Ашыкенин котормосунда башкача бир күчкө келип элирип, эпикалык эргүүгө толуп, ашынып кеткен…” деп. Бул пикирге кантип кошулбай коё аласың.

– “Агындыларда” айылдын, андагы адамдардын элестери көз алдыңа тартылат. Баары өз айылыңдын адамдарына окшоп сага тааныш, баары жүрөгүңө жакын сезилет. Сиз жазган кемпирлер кыргыздын ар бир айылында бар эмеспи. Сиз анан жиндилерди да жазыпсыз.

2003-жыл, 20-январда Ат-Башынын Кызыл-Туу айылында.

2003-жыл, 20-январда Ат-Башынын Кызыл-Туу айылында.

 – Кыргызда жиндиси менен дудугу жок айыл болгон эмес. Биз жиндилерди да, дудуктарды да өз көзүбүз менен көрүп чоңойгонбуз. Кемтиги жок адам болбосун билип, кемтиги бар адамдарды кемсинтпей, күлбөй, аяп, түшүнүп чоңойгонбуз. “Эй, жинди болбогула! Жинди болсоңор ушинтип каласыңар!” деп бассак-турсак көрүнбөгөн бирөө аркабыздан шыбырап тургансып чоңойгонбуз. Көрсө бизге Кудай шыбырап турган экен. Кудай бул дүйнөгө эчкимди артыкбаш, эчкимди керексиз кылып жаратпайт турбайбы. Кудайдын ошол мыйзамын бузуп, жөн эле өз арбайларын согуп жашап жүргөн жиндилерди да жөн койбой, айыл-айылдан күч менен жоготкондон кийин алардын ордун биз укпаган, биз көрбөгөн кырсык басты. Жараткандын айылдагы ар бир тараза ташынын тең салмагы бузулду. Жиндилер мурда жаныбызда, айылыбызда жашап жүрсө, зордоп жок кылгандан кийин алар билинбей, көрүнбөй ар бирибиздин ичибизге “кирип кетип” жашай баштады. Азыр ар бирибиз кантип акыл-эстен тайып, ар бирибиз кантип кичинеден “жинди” болуп баратканыбызды өзүбүз да билбей калган заманда жашап жатабыз…

– “Агындыларда” балалык сүйүү, мектеп жөнүндө да татынакай баяндар бар.

– Биздин баарыбызды киши кылган дал ошол мектептеги балалык сүйүүлөр болгон. Балалык сүйүүсү жок адамдардын акыл-эси майып болуп калат. Кокус “Агындылар” уйгур тилине которулуп калса намазын кыбыланы карабай, теңирден тескери карап алып окуп олтурган Ат-Башылык Батма энем, башын чарадай кылып, аттын улам бир капталына ооп түшүп, улактай салактап, айылдын көчөсүн чаңызгытып, иттерин ызы-чуу түшүрүп, кызылдай мас болуп чаап кетип бараткан Талип акем, дүйнөлүк футбол чемпионаты менен “фигурное катание” дегендер башталары менен тоодогу сарайын, сарайдагы малын таштап салып, небере кызын жетелеп, тоодон кыштакка “качып” келип, жатып алып телевизордун жаагы айрылганча көргөн, көрүп эле тим болбой жалгыз өзү ызы-чуу түшүп, кыйкырып-сүрөп, “болейт” этип олтурган Чаектик 85 жаштагы Турусбүбү энем, сулуу аял тийишсе каш кайтарып сүйлөй албай думугуп, атын темингиче шашкан Касым жездем кантип которулар экен, уйгурдун салтына кантип кирип, кантип сүйлөр экен деп сарсанаа болуп турам…

– Сиздин “Манасыңыз” – “Эки дөө” да биздин гезитке сандан санга жарыяланып жатпайбы…

– Бул эми өтө уникалдуу, өзгөчө сөз кылууга толук арзый турган, энергиясы ашып-ташкан чыгарма. Буюрса кийин кенен кеп кыларбыз. “Эки дөө” өзүнчө китеп болуп чыгып, 2011-жылы Республиканын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Жакында кайрадан карап, айрым бошоң жерлерин күчтөп, бүлөп, кошумчалап, чаболоңун чак, басмайылын бек тартып туруп иштеп чыктым. Кошой менен Жолойдун сүрөтүн чийген сүрөтчү гана жок болуп атат, сүрөтчү тапсам эле өзүнчө китеп кылып чыгарам.

– Өз акчаңызгабы?

– Албетте өз акчама, анан жалдырап Табылдыга барат деп атасыңбы? Табылдыны тааныбай калганым качан (күлүп).

– “Агындылар” дагы уланабы?

– Бул эми өмүр токтоп калбай агып берсе, ошол агып бүткөнгө чейин улана берчү иш болуп калды го. Азыр бошой түшкөн көкүрөктү толтуруп жүргөн чагым…

– Анда ийгилик каалайлы! Аңгемеңиз үчүн рахмат!

Маалымат булагы: “Де Факто” гезити.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *