Көз жаш..

ТАЛАНТТЫ КӨЗҮНҮН ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙЛА..

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, театр жана кино жылдызы Бакен КЫДЫКЕЕВАНЫН 90 – жылдыгына арналат.
10

… Кайран Бакен эже! Байкуш эже! Кор болгон экен ээ?! Ушундай атак – даңктуу адам… Ушинтип өлгөн турбайбы көрсө…
1Спектакль аяктады. Бакен эже кудум мына азыр, мына бүгүн өлгөндөй, быш – быш этип чыккан залдагылардын ыйынан башка эч нерсе угулбай, залдын ичи заматта муздай түштү. Ооба, ошондой болду. Олтургандардын ичинде эженин акыркы жашоо абалын билбегендер да, билгендер да бар эле. Көпкө созулган оор тыныгуудан кийин гана дүркүрөгөн кол чабуулар залды жаңыртты. Ичимден ушул кол чабуулар мүмкүн болсо узакка, керек болсо таң атканча чабылса дедим. Бул менин артисттик кыялым дечи. Ошондой болсо да эмнегедир кол чабуулар токтосо Бакен эжени көз алдыбыздан кайрадан түбөлүккө жоготуп жиберчүүдөй эл токтосо да өзүм токтобой чапкылап жаттым. Ал тургай көзүмдөн аккан жашымды да аарчыган жокмун. Мүмкүн эмес эле. Кантип ыйлабай кое аласың? Карачы? Типтирүү Бакен эже «шүмүрөйүп»… алсыз… мусаапыр кейипте элдин маңдайында колдорун ушалап олтурат.
Зээним кейий акыркы жолу Бакен эжем менен «Аксакалдар чайканасында» жана Кыргыз драма театрынын маңдайындагы ошол кезде жаңы ачылган Кафеден чогу тамактанганыбызды эстедим. Ошондо театрдын вахтасында олтурган эженин айтканы эсимде.
– Ырас эле кылдың Чынара. Эжеңдин батасы тийет. Сообуна калдың, карабайсыңбы эртеден кечке ушинтип олтурганы олтурган. Эч кимиси деле карабайт. Керек болсо түртүп өтүшөт. Бир кезде Бакен эже ким эле? Мындагы «мен дегендер» ким эле? – деп, мага ыраазы болуп койду. «Аксакалдар чайканасына» барганыбызда чайкананын директору (азыркы ырчы кызыбыз Асел Кыдыкованын атасы) Бакен эжени көрө калып жүгүрүп келип учурашкан эле. Ал тургай үйүнө чоң конок келгендей сүйүнө, баркылдап тосуп алды.
– Келиңиздер, келиңиздер. Оо, бүгүн бизге чакыртып келтире албаган коноктор келген тура. Жогору өтүңүздөр. Тигил жерге олтуруңуздар деп, бизди олтургузганча шашты. Теңтуш элек, мен ырахматымды айтып, эжени ыңгайлаштырып төргө олтургуздум. А, эже байкуш ага маани да берген жок, ал тургай тааныган да жок.
– Кайсы артист эле? – деп кайра менден сурап коет.
– Бул жигит артист эмес, ушул чайкананын чоңу болот, – деп түшүндүрдүм.
– Мага куурдагы болсо ошонусунан апкелсин, анан…
– Куурдагыңар барбы? – деп ашкана жагына барып сурасам, жок экен. Салим байке (ал киши менен «Ак Марал» бий ансамблинде чогу иштеген элем) жакшынакай кылып мантысынан салып келди.
Ошентип тамактанып алып кайрадан театрга келдик. Жолду карай көп нерселерди божурашып келе жаттык. Мен эжеге бир кезде жаңыдан студияга тапшырып окуп жүргөндө (бир ай да боло элек болчу) Москвага өтпөй калганыма ичим ачышып, экзамен алган кишилердин туура эмес кылгандарын, «Өттүң!» деп коюшуп, акыркы турда себепсиз кулатып салышкандарын, анан да калыстык жок экенине нааразылансам, эже токтоп калып мени карап турду да:
– Ушул жашоодо калыстык бар экенине сен ишенесиңби? – деп сурады. Анан экөөбүз бир топко унчукпай калдык.
Мен кайрадан өткөндөн кеп козгодум.
6– Эже, билесизби? Ошол кезде: – Студияга окубайм. Москвага барып окуйм! – деп кадрлар бөлүмүндө иштеген эжеден документтеримди алып жатсам, аркамдан бирөө шап эле колумдан баягы документтеримди жулуп алып, оозу акчылып турган сейфке ыргытып жиберсе болобу. Түптүз барып түшүп калган документтерди карап оозум ачыла түштү. Тигил эже алаңдай оордунан тура калды.
Көрсө, менин колумдагы документтерди жулуп алган Бакен Кыдыкеева экен. Ал кезде, Бакен эже өтө салабаттуу ары сүрдүү, салам берсек да оңой менен алик албай, сүрдүү көздөрү менен бизди баштан аяк тиктеп, тээ бир топто: – Саламатчылык! И – ии, окууңар кандай?! – деп, басып кетчү. Коркуп кеттим. Бирок бир топ көк бет элем.
– Мен Москвага барып окуйм! Эки турда тең өттүң дешип, аягында кулатып салышты. Баарына жакшы жооп берген болчумун да. Экзамен алгандар калыстык кылган жок! Керек болсо комиссияга да мени жолотушпай коюшту. Кирсем баарын айтат болчумун. Мен эми Мовквага өзүм барып тапшырам! – деп ыйлап жибердим.
– Тигини, тигини! Бул жер сага эмнеси менен жакпайт? Москва! Москва! Москва – сосквасы жок эле ушул жерден окуп артист болосуң! Окубай – чокубай эле артист болуп жүрөбүз. Мунун москвачылын. Бир барак эч нерсени чечпейт. Кептин баары Кудай берген өнөрдө! Таланттың болсо окубай эле артист болосуң. Жок болсо он беш жыл окусаң да оозуңду ачып ара жолдо каласың. Кыйын болсоң, ушул эле студияны бүтүрүп кыйындыгыңды көрсөтчү. Москва деп коет! – деди Бакен эже каткырып. Эшикке кантип чыгып кетээримди билбей алдастадым. Тигил эже да Бакен эжеден айбыккандай болду.
– Бир жумадан бери менин жанымды койбой, документтеримди бер дегенинен эжеге айтпай эле берип жаткам. Галина Ибраева билбейт деп жиберди.
Оюмда эч кимге айтпай документтеримди алып, Москвага кеткендердин аркасынан барып, ошол жерден кайра экзамен тапшырсам деген элем да. Эми болбосун жүрөгүм сезгендей, бир жагы Бакен эже айткандай ушул студияны бүтүрүп, болбосо сырттан окуп бүтүрөөрмүн деген ой да жүрөгүмдү бир аз жибиткендей болду. Кечирим сурап чыгып баратканымда Бакен эже кош өрүлгөн чычымдан шап кармады.
– Береги чачты сакта! Кептин баары ушул кош өрүлгөн чачта жатпайбы. Артист болом десең, сахнага момундай келишкен узун чач керек. Аялдын сулуулугу чачта болот! Бир топ көк кыз окшобойсуңбу, ыя?! – деп, чачымдан силкип силкип койду.
Шашканымдан даагы кечирим сурап жибердим.
– Жөнө! – деди эже.
Кадрлар бөлүмүнүн кабинетинен атып чыктым. Жолду карай кетип баратып: – Баары бир, баары бир Москвага барам! Ошол жактан окушум керек! Москвага өткөн балдардан менин эмнем кем эле? – деп, экзамен алган кыргыздарды ичимен сөгүп сөгүп бараттым. Ошондогу Москванын өзүнөн келген мугалим аялга кезиге албаганыма өкүндүм. Эшикти тээп кирип кетпей деп, ичимден буркан – шаркан түшкөн бойдон жатаканага жөнөдүм.
Жанатан Бакен эжеге ушуларды айтып түгөтө албай божурап келе жаткан элем. Театрга жакын калганда эже тык токтоп калды.
– Мен сени эми эстедим. Чачың жок го? Кыркып салган турбайсыңбы. Ка – ап. Азыр кайда иштеп жатасың. Атың ким эле?..
Бакен эжени тиктеп эле калыпмын. Өткөндө да ушинтип чогу тамактанып, көп нерселерди божураштык эле. Көрсө, эже жанымда жүргөнү менен, оюу таптакыр башка жакта жүргөн турбайбы. Мен жөн эле бирдемелерди сүйлөп жүргөн турбаймбы. Кандай өкүнүчтүү! Улуу адам менен өткөндөрдү эскерип, ырахатка батып жүрөм десем, эже мени уккан кишидей эле басып жүрө берген тура… Аяп кеттим. Көздөрүм жаштана, денем бир башкача боло түштү. Алдыртадан билгизбей эжени аяр карадым.
– Жеңдерим кирдей түшүпбү? – деп, эже мага плащынын эки жеңин көрсөттү.
– Бир аз эле… Сыр бербегеним менен жанагындан да жаман боло түштүм. Кайдан аз болсун. Анын кийип жүргөн плащынын кири базарда олтурган кайырчынын кийминен эч айырмасы жок эле. Мен билгенден театрда Бакен эжени бир гана актриса (КРнын эмгек сиңирген артисти Жыпариса Көчөрбаева) такай тамак – аш, чай – пайын берип карачу. Ичимден караган кишиси жок го деп койчумун. Ошол кир киймин көрүп туруп бир жолу да аял катары жууп койбогонума абдан өкүнөм. Катуу өкүнөм! Мүмкүн жаштыгымдан этибар алганым жок го. Мүмкүн…
Менин жүрөгүмдө даагы бир калган Бакен эженини жылуу элеси, студияга экзамен берип жаткан күн. Сахнанын капталындагы узун олтургучта олтургам. (ошол олтургуч азыр да бар) Экзамен жаңы эле бүткөн. Бакен Кыдыкеева да комиссияда бар болчу. Бул экзаменде менден эч нерсе деле сурашкан жок. Таанып калышкан окшойт. Анткени көбү Москвага тапшырган экзаменде олтурушкан да. Болгону жогору жактан түшүп келип «Сулайман!» деп гана кыйкырдым. Бирөөнүн атын айтып кыйкыргандын да кыйыны барбы? Кыйкыр дешти кыйкырдым. Болду дешти, кете бердим. Ошондон кийинки олтурган кебетем жанагы болчу. Жанымдан өтүп бараткан Бакен эже токтой калды. Оордуман ыргып турдум.
– Жарайсың! Азамат! Сен даяр артист турбайсыңбы. Өттүң. Буюрса, мамаңды тартсаң жаман артист болбойсуң. Кара, Гүлшаранын эле өзү! – деп, колумдан ала куттуктап, бетимден өөп басып кетти. Эшикке жеткенде кайрылып:
– Баса, мамаң залда олтурат. Бара бер мамаңа, мында эмне олтурасың? – деп чыгып кетти. Ошол күнү биринчи колун кармаган күнүм эле. Эже болсо чыгып кетти. Мен олтурган жеримде олтуруп калдым.
– Мамаң дейби? Гүлшарасы ким? Акылым айран. Аңгыча жаныма классташым Эшенкул Барпиев келди. Ага Бакен эженин айткандарын төкпөй чачпай айтып бердим.
– Мен да өтүпмүн. Жүр, тамак ичип келебиз. Эшенкул мени ээрчитип жөнөдү.
Оюм он талаа. Бассам – турсам Бакен эженин сөзү көңүлүмдө. Түштөн кийин ачык турган кабинеттин эшигинен Гүлшара Дулатова эжени аңдый карадым. Галина Ибраева эже экөө чай ичишип, сүйлөшүп олтурушкан экен. Ой, тобоо! Мына кызык! Карасам, чын эле Гүлшара эже мага окшош экен. Жок, мен ага окшош экем. Сөздүн төркүнүн кийин түшүндүм. Көрсө, мени Гүлшара Дулатова эжеге окшоштурушуп, ал тургай ошол эженин кызы экен дешип, бир тобу шектенишкен тура. Кийин бизге сабак берип, аралашып калган кезде Гүлшара эже өзү да айтып каткырып жүрбөйбү. Азыр болсо таптакыр эле окшошуп калдык. Ошондон ушул кезге «мама» деп жүрөм. Адамга адам окшош болот тура. Бир топ кишилердин: – Гүлшара Дулатованын кызысыңбы? – дегендери кийинчерээк мени анча деле таң калтырбай калган. Кээде, кайра мактанып, «ооба, кызы болом» деп, кайкая басып кетчүмүн. Эстей кылганыбызда биринчи эле Бакен эжени айтып, Гүлшара апам экөөбүз боорлорубуз эзилгенче күлчү элек десең…
… Кайран гана кыргыз элинин бешенесине бир келген сахна жылдызы!.. Кыргыз аялзатынын асылы, сахна Ханышасы – БАКЕН эжем!!! Мен сизди ушулардын баары эсинде го деп, жаныңызда божурап жүрө берген турбаймбы. А, сиз… Сиздин ушундай абалга жетип калганыңызды кайдан билейин. Ал тургай театрдын кире беришинде үн- сөзсүз олтурганыңызда да, үйбөй саламымды айтып, жаныңыздан канча ирет жалтактай сүрдөнүп өтүп жүрбөдүмбү. Көрсө, менин саламымды деле, сүрдөнгөнүмдү деле көрбөй, укпай, жай гана олтура берчү турбайсызбы. Кечир мени эжеке? Атаны кокуй, арман күн! Көрсө, баягы сүрдүү Бакен эжем эмес эле, бир сөлөкөт олтурчу турбайбы… Кечир мени эжеке? Кечир? Бир мени эмес, вахтадагы аялдар айткандай, тебелей түртүп, көрүшсө да көрмөксөнгө салгандарды, баарын… баарын кечир?! Билип билбей кылган күнөөлөрүн, жаңылыштыктарын, пендечиликтерин… Кечир?! Пендечилик! Пендечилик! Ошол үчүн адам турбайбызбы…
Тирүүчүлүктүн бир кемчилиги ушул тура. Тирүү кезде кордоп, өлгөндөн кийин телегейин тегиз кылып, сулуу кеп – сөздөр менен келиштире оңдоп… Түрүң курган тирүүлүк ай! Адам дегениң маймылдан да жаман экенбиз го. Айтканыбыз бир башка, кылган ишиң бир башка. Керек болсо керт башыңдын кызыкчылыгы үчүн бир байкуштун тагдырын «талпак» кылып тепселегенге да барат экенбиз. Андан да тирүүчүлүгүң колуңдан келип турганда адам экенсиң, кичине сылтый түшсөң адам катарынан түртүлүп калат турбайсыңбы. Эмне үчүн адамдар ушундайбыз? Эмне үчүн? Эмне жетпейт? Эмне?! Бири – бирибизди кадырлап сыйлоо ушунчалык эле кыйынбы?.. Эмне үчүн жакшы сөздү аяп, жамандык кылганча шашабыз? Өзүңдө жокту өңгөдөн көрүп, көрө албастык кылып, көргө киргизгенче жан талашабыз? Эмне үчүн?!..
1Капырай! Ушундай да окшоштук болобу? Тим эле куюп койгондой окшош. Көргөндөрдүн эч кимиси тана албайт деп ойлойм. Анткени сахнада Бакен эженин ролун ойноп жаткан Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова эмес эле, тирүү Бакен Кыдыкеева олтурду. Тирүү БАКЕН… Ар бир кыймылы, баскан турганы, бурулганынан бери окшош! Жада калса колдорун ушалап, аста жылмайып койгонучу. Дене башым муздай түшүп, жүрөгүм лакылдап чыкты. Бакен эжемдин ошол өлөөр алдындагы кебете – кешпири… Так өзү! Байкуш эже. Жаңы жылдын алды эле. Биздин театрдын балдары үйүнө чейин жеткирип коелу дешсе болбой койгон экен. Анан алар таксиге салып жиберишиптир. Мүмкүн…
Деле тереңирээк талдай келгенде ар бир талант бири – бирине эч окшошпойт. Ар бири өзүнчө кайталангыс талант ээлери! Назира Мамбетова эже да 40 жылдан ашкан өмүрүндө сахна менен кинодо далай далай көрүүчүлөрдү таң калтырган түркүн образдарды жаратты. Анын ичинде кино тармагын, теле тасмаларды кеңири кеп кылсак болот. Мунун баарын айтып олтуруунун кажети жок деп ойлойм. Анткени бул актрисаны улгайган адамдардан баштап, бешиктеги балдардан бери жакшы тааныйт десем эч жаңылышпас элем. Мени таң калтырган бүгүнкү Бакен эженин ролун тирүү Бакендей ойноп элге жеткиргендигинде. Залда көрүп олтургандарга типтирүү эле Бакен маңдайларында турса кимиси, – Бул Назира Мамбетова деп, айта алат? Эки актрисаны бири – биринен ажырата албай олтургандарынын да жөнү бар. Бул өтө бийик актердук чеберчилик эмеспи! Ооба, так ошондой болду. Назира Мамбетованын бийик актердук жөндөмдүүлүгү зал толтура олтурган элди көз боечудай арбап, ден – дароо кылып койду. Актрисанын бирге иштеп бир жүргөн замандаштарына болгон таарынычтарын, жеке жашоосундагы азап – муңу… ызасы… Көкөлөтүп келип ташка чапкан тагдырына болгон таарынычы… Мына! Мына! Бул Бакен эмей ким?! Өзү! Так өзү!!! Ээрдин кесе тиштей өзөк өрттөгөн муңун ичине катып тургандагы, мунары өчүп бараткандагы көзүнөн мөлт этип жаак ылдый кеткен бир тамчы жаш, анан ошол замат дүйнө менен эч иши жоктой нес болуп калганы… Так өзү! Бул чыныгы Бакен эже! Өзү! Бирок эже арабызда жок да… Болгону, Улуу актрисанын образын гана ойноп жатбайбы.
Мына чеберчиликтин бийиктиги! Эки актрисаны бири – биринен ажыратуу мүмкүн эмес. Бул да Улуу актриса! Демек, Залкардын экинчи өмүрүн даагы бир Залкар актриса бизге жеткирип олтурат. Бакен эжеме экинчи өмүр тартуулап олтурат. Ушундай эмеспи көрүүчүм?! Дал ошондой! Кара басканын… үнү… олтурганын…
Ой кыялдарым уйгу – туйгу. Жан дүйнөм жанчылып, өзүмчө чыракка түшкөн көпөлөктөй чарк айланып чаң – тополоң түшүп жаттым. Бакен эжекемдин не бир элестери көз алдыман тасмадай тизилип өтүп жатты. Жашоо деген ушул белем арман! Айланамдагылардын өкүнүү менен бышылдагандары жүрөгүмдү эзип жиберди.
– Кайран Бакен эже! Кайран Бакен эже! Ушинтип калган тура…
Мына актрисанын мыктылыгы! Жашаңыз Назира эже! «Жакшы жашамак бар, жакшы өлмөк жок!» – дейт. Бакен эженини тагдырын эч кимге бербесин. Сиздей адам, сиздей өнөр ээси да жүз жылда бир жаралат. Бар болуңуз!
Сизди карап олтуруп да аргасыздан бир кезде уккан кептерди эстөөгө туура келди. Ош театрынан келген кезде, бир топ кишилердин ортого түшкөнүнө карабай сизди Кырдрамга албай коюшканына аябай таң калган элем. Көрсө, «ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» деген туура окшобойбу! Ошол убакта каршы чыккан кээ бир адамдар бүгүн сизди: – Таланттын талантты гана ушундай болот! Жарайсың, Назира!!! – деп, мактап олтурушпайбы. Бир кезде Бакен эжени да ушинтип мактап, анан мактоо менен жайлашкан да ээ? Мына сага адам деген! Мына пендечилик! Баары бир сиз уттуңуз Назира эже. Анткени сизде чыныгы чоң талант бар. Чоң талант!!!
Байкашымда өзүнө өзү тура алган ар бир таланттуулардын «арсыз душмандары» көп болот тура. Сизде да жок эмес. Алар көрө албастыктын туткунунда туйлаган «ары жок келемиштер» эмей кимдер? Мейли, кандай сүйлөшсө андай сүйлөшсүн. Мындай мүнөздөрү менен ар бир адам баласы өзүнүн тайкы гана жагын көрсөтө алаары бышык.
Ар бир убак ушундай жеңиштерге жете бериңиз кыргыз элинин кымбат кызы, Кыргыз сахнасынын жана кыргыз киносунун жылдызы Назира Мамбетова!!! Бүгүн сиз Бакен эжебизге экинчи өмүр бердиңиз. Ооба, экинчи өмүр! Залкардын өмүрүн залкар улайт деген ушул эмеспи… Бакен эжекемдин арбагы колдосун!
Мүмкүн драматург Жаныш Кулмамбетов бул пьесаны жазбаса бүгүнкүдөй чоң жаңылык болот беле, болбойт беле. Андыктан Жаныш Кулмамбетовго дагы чексиз ыраазычылык билдирүү керек экенин унутпайлы. Турмушта көзүң көргөндөн качып, акыйкатты тике айткандан айбыгабыз. Ошондой эле болуп жатпайбы. Ачуу чындыкты жашырып келебиз. Туурабы, замандаштар?! Баш кесмек бар, тил кесмек жок!..
Кеп кезегинде айта кетээрим, Жаныш Кулмамбетовдой чындыкты бетке айткан, калпын кашык эмес чаралап чачкан кыргыздын чыгаан уулдары көп болсо гана атаганат! «Талант жана Тагдыр». Пьесанын аты эле эмне деп олтурат. Албетте мындай көрүнүш окуялар башка тармактарда деле жок эмес деңизчи. Тирүүчүлүктүн ар бир күнүндө, ар бир түнүндө адам баласын көлөкөдөй ээрчип келет эмеспи. Ошол үчүн жашоодо жакшы менен жаман, ак менен кара, ачуу – таттуу эриш аркак жүрөт тура. Бирок, менин баамымда бул кара санатайлык, көрө албастык, бут тосуу биздин маданият тармагында бөтөнчө басымдуу орунду ээлегендей. Же, калппы?! О – оо… «Оо дүйнөгө» кошо көтөрүп кетчүдөй наам талашабыз, бийлик талашабыз.
Пьесада келтирилген ар бир окуя чындыгында адамдын жүрөгүн сыздатпай койгон жок. Автор Бакен эженин жөн эле кооз мисал кылбады. Болгонун болгондой, чырылдаган чындыкты жазыптыр. Жакшы кездерин, атак – даңкка жеткенден кийин азаптуу ачуу жашоосу… Автордун бул эмгегине арбак ыраазы болду деп ойлойм.
… Оюн жүрүп жатканда Бакен эжекебиз автор КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Жаныш Кулмамбетовго, оюнду койгон режиссер, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана КРнын эл артисти Алмаз Сарлыкбековго, азаптуу күндөрүн эсине салып арман кезин козгогон, өзүнүн айрып алгыс элеси – Улуу Бакен – КРнын эл артисти Назира Мамбетовага, жаш Бакен – Гүльмира Ташматовага, Даргүл Күйүкова – Гүльмира Турсунбаевага (Т.Турсунбаева жана Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктардын ээси), кызын ойногон Жаңыл Манапбаевага ыраазычылыгын билдирип, сахнанын бурчунда биз менен кошо ыйлап тургандай болду. Ооба, ооба! Улуу актриса ыйлап турду. Аны Аалам укту, Жер Эне укту, биз гана… биз гана…
Ал театрдын директору Темирлан Сманбековго, сүрөтчү Бакыт Тилекматовго жана театрдын жалпы артисттерине чоң ыраазычылыгын билдирип тургандай болду.
Спектаклдин коюлушуна көмөк көрсөткөн кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Керексизов Ташкул Жанузаковичке бөтөнчө ырахматын айтып, көрсөткөн сыйыңа берген батам деп, Теңирден өмүр тилеп тургандай болду.
Арбактар бизди ар убак колдоп, жаныбызда эле жандап жүрөөрүн унутпашыбыз керек. Алар баарын көрүп, угуп турушат. Туура айтамбы, Бакен эже? Мына бүгүн өз көзүңүз менен баарын көрдүңүз. Жаш Бакен (Гүльмира Ташматова) чыкканда, кандай абалда турганыңызды түшүнүп турам. Ыйладыңыз ээ? Албетте, сүйүнгөнүңүздөн. … Назиктиктин, сулуулуктун, сырдуу ыйык сүйүүнүн керемет күндөрү… Тоолуу Нарын театры! Ак – Сай – Арпа… Долондун ашуулары! Көк тиреген Тянь – Шань тоолорунун чокусундагы аппак кардай акак сүйүүң! Алкынган Нарын суусундай ээ – жаа бербеген арышы катуу кеткен ак эмгектериңчи?! Тоо койнунда калган чагылгандай жалындуу жаштыгыңчы?… Кайран жаштык! Ушулардын баарын көрүп турдуңуз ээ?
Чеги жок ойго тумчугуп, демим кысыла түштү. Аттиң! Аттиң дүйнө десең!..
– Талантты берген Кудай, таттуу тагдыр бербейт тура! Бир жагынан берсе, бир жагынан кем кылып коет окшобойбу. Мунун чындыгы бар. Көп эле артисттер сахнада бактылуу, а, жашоосунда жалгыз. Бул калыстык эмес! Сахнада бактылуу болгонубуз үчүн жашоодо жалгыз өтүшүбүз керекпи?! Кай жазыгыбыз үчүн?! Же эмне, баарын сахнага берип салдыкпы? Карап турсам жашоо да аялзатына берген энчисин бизден кызгангандай болуп кетет. Бул эмнеси? Эмне үчүн?
Ошентип, оюн да бүттү. Көпкө созулган кол чабуулар. Ооба, кудум илгеркидей. Сиз Айганышты, Дездемона, Жесси, Эркеайым, Гонерилья, Варвара, Анна, Сейде, Катерина, Мастан кемпир, Софья, Майсалбүбү, Айдайды ойногондон кийинки кол чабуулардай… Токтогон жок. Зал жаңырып чыкты. Сиздин аккуудай болуп келип жүгүнгөнүңүздү күтүштү. Бирок сиз чыккан жоксуз. Сахнанын ортосунда гүлгө оролуп, Сиздин образыңызды ойногон АКТРИСА турду.
Кандайча? Кайсы кара баскан күнү кайратыңызды алдырып койдуңуз эжеке?!
Көрдүңүзбү, мынабул кол чабууларды! Сизге деп арналган белектерди. Гүлдөр! Сиз жыттаган, сиз кучактаган, сиз сүйгөн гүлдөр… Мактоолор! Бакен! Бакен! Бакен!!!
6Тигине, УЛУУ БАКЕН, УЛУУ АКТРИСА – НАЗИРА МАМБЕТОВА сахнанын ортосунда дале образдан чыга албай турат. Өкүнүү менен айтылган эскерүүлөрдү угуп жатасызбы, Бакен эже?! Тим эле азыр жер жаңыртып өкүрүп жиберчүүдөй…
Сиз «Бакен! Бакен!» болуп турган кезде булар ким эле? Эки жүздүүлөр! Ошол кезде буларың кайда жүрүштү эле? Урматтуу маданият министрлиги! Маданияттын бир бурчун чойгон кишилер ушулар эмес беле, Бакен эже? Эми минтип неге катуу өкүнүп жатышат? Неге адамдар тирүү кезде сыйлап, барктап, батышпай, өлгөндөн кийин ушинтишип, – «Укмуш адам эле!» – деп калышат. Неге? Неге?!
Убагында, сиз «карайлап» калган чакта ушулар эле жашооңузду жеңилдетип, колдоп коюшса болот беле? Болмок! Эми минтип Сиз бүгүн өлгөндөй өксүп, жоктоп жатабыз. Кокуй күн! Кокуй күн?! Бакендин өлгөнүнө 12 жыл болбодубу! Жакамды кармадым. Дагы да болсо пендечилик! Пендечилик!!!
«Колдо бар алтындын баркы жок!» дегендей, Сиздин тагдырга окшогондор четтен чыгат. Бир комнат үйгө ээ болбой, эптеп үйлүү болгон кезде аттиң, колу – бутун кенен сунуп кемпири менен ысык чай ичпей Болот Бейшеналиев агабыз да «силердин айылга» кете берди. Кыргыз маданият искусствосунда даагы бир оор жоготуу болду. Болот Бейшеналиевди акыркы сапарга узатуу учурунда (Кырдрамдын ичинде) Казак элинин эл акыны, ошондой эле КРнын да эл акыны Мухтар Шаханов:
– Ойбай! Ойбай! Оозун ачса жүрөгү көрүнгөн кыргызым! Биз улуу адамдан, улуу таланттан айрылдык! Болот бүтүндөй кыргыз калкын экран аркылуу дүйнө элине тааныткан талант эле. Таланттуу адам ал – Океан! Боорлорум!!! Кыргыздын даагы бир кырааны колдон учуп кетти! Жалпы казак элинин атынан, өзүмдүн атымдан кайгыңарды тең бөлүшөм. Кош боорум! Кош Болот! Кош!!! – деп, катуу өксүп, коштошкон эле.
Ошол эле учурда биздин жогорку жактагылардан бирөө минтсе болобу: – Болот Бейшеналиев агабыз таланттуу адам болчу. Агайдын кыргыз калкына кылган эмгеги зор! Бокемдин артында эмгеги калды. Мен агайдын үйү жогун ушул убакка чейин билбепмин. Болот агайдын бир жөнөкөйлүүлүгү ушунда, бир жолу да Өкмөттөн үй сурап жогору жакка кайрылган жок! Ар кандай маселелер менен Ак үйгө жүгүргөндөр көп эле болот. Бокем бир да жолу кайрылган эмес. Ал жөнөкөй, бир сырдуу адам эмес беле. Кош, Боке! Кош…
Ушул сөзбү?! Уяттуу өкмөт неге эртелеп урматтап, камкордук көрбөйт?! Эгер өз жарандарына учурунда камкордук көрбөсө «ак үй», «көк үйдүн» элге кереги не? Көрсө, булар барбагандарды, тынчын албагандарды макташат турбайбы. Мүмкүн, – Биздин тынчыбызды албай аман – эсен өлүп бергениңерге ырахмат! – деп да жатышкандыр…
Мына сага Өкмөт!!! Бир казактын алдында канча кыргыз башты жерге салдык. Ошол турушумда Болот агай менен кошо өлгөндөй болдум. Гүлдүн түрүн «чөп» деген, төө экен деп эшекти «чөк» деген, асылды таштан айрый албаган «өкмөтүм», өнөр адамдары өзүнөн мурун сени ойлойт! Элин – жерин ойлойт! Өмүр бою элге бекер кызмат кылып өтөт. Акча да жок, үй да жок, анан ушинтип… кетээр жакка «жылаңач» кетет! Кайран талант ээлери! Акылдуу болсо өкмөтүм, тирүүсүндө кадырлап, эртерээк эле үйдү берип койбойбу? Мына, Бакен эже. Болот агайды ушинтип узаттык.
Боосу бек болсо экен! – деп, ар бир келген министрдин амандыгын тилейбиз. Сокурдун тилегени эки көз демекчи, артисттердин тилегени жашоо шартыбызга, ишибизге түз караган, түз чечкен, калыс, адамгерчилиги зор МИНИСТР! Жетекчиң бийлигин түз жүргүзбөсө, баштаган эркечи жок бир атар койдой баш оогон жакка талаалап, талаада калаарыбыз чындык эмеспи. Анан сиздин тагдырдай тагдырга туш келбейбиз деп кантип айта алабыз. Ким кепилдик бере алат? Бул кашкайган чындык!
Ээ, Бакен эже, айтса арман көп. Кептин төркүнү талантты берген Кудайым, жеке жашооңдо да бир аз болсо дагы бактылуу тагдыр берсе дегеним го. Анан ошол кан жаныңды аябай тытынып иштеген күндөрүңдү, сахнага берген өмүрүңдү көмүскө калтырбай убагында баалап, барктап алышкан жетекчилер болсо… Өкмөт дегениң өңгөнү сыйлаганды кое туруп, өз элиндеги таланттарды алакандарына салып асырап алышса гана атаганат?!..
Таптаса күлүк чыгабы, же, таштак жерге чаптырып, тарпын чыгарса күлүк чыгабы?! Талантка сүрөө керек! Жашпы, карыбы аны кадырлоо керек. Ал күчүнүн барыныда «айдайым!» деп, карыганда четке кагып, унутта калтырганыбыз Кудайга жакпаган иш эмеспи. Буга мисал Улуу актриса Бакен эженин кейиштүү өмүр жолу болур олтурбайбы, замандаштар!
Аттиң арман! Арман дүйнө!
Куттуу сахнада жылдыз болуп күйүп, Теңир берген керемет талантыңыз, келишкен сулуулугуңуз, өнөр сересиндеги бийиктигиңиз менен – сахна Ханышасы болдуңуз.
Бакен! Бакен! Не деген – БАКЫТ!.. Не деген – ДӨӨЛӨТ!.. Ушунун баарын көтөрүп келип, анан… анан… кандайча… Бири кем дүйнө!!!

Кошумча толуктоо: Б. Кыдыкеева 1923 – жылы 30 – октябрда туулган. 1993 – жылы 30 – декабрда 70 – жашында дүйнөдөн кетти. 1926 – жылы борбордо театр студиясы ачылган. Бакен эже 1936 – жылы театрга артист болуп кирген. Кыргызстандагы алгачкы ТЮЗ театрынын актриса өмүрүнүн акыркы жылдарын учурдагы ТЮЗ театрында өткөрдү десек болот. Азыр жаштар театры Бакен ЧынарКыдыкеева атындагы Мамлекеттик театры болуп калды.

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтоболот АБДУМОМУНОВ жана Аалы ТОКОМБАЕВ атындагы
сыйлыктардын ээси, актриса, акын – драматург Чынар КАЛЫБЕКОВА.

4 thoughts on “Көз жаш..

  1. Кеңеш Курманалиева
    КРнын эмгек сиңирген артисткасы

    Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Курманалиева Кеңеш 1938 – жылы 4 – майда Талас областына караштуу Талас районунун Манас колхозунда туулган. Чыгармачылыктагы өмүр жолун 1956 – жылы Жалалабат областтык Т.Сатылганов атындагы областтык театрынын баштаган. Биринчи ойногон ролү Н.Гоголдүн «Үйлөнүү» пьесасында Дүняшка болду. Ошол кезде театрга коюлган пьесалардын дээрлик баарында артистка Кеңеш Курманалиеванын аты аталып, жараткан образдары менен театрдын алдыңкы катардагы артистеринин катарына кошулду.

    Мис: Н.Байтемиров «Айып кимде» – Зулайка,
    К.Эшмамбетов «Эгиз бала» – Мүңдүк,
    Ж.Б.Мольер «Аргасыз болгон даарыгер» – Мартина,
    Р.Шүкүрбеков «Комүздүн тагдыры» – Гүлсүн,
    Э.Түрсүнов «Сүлүүлар» – Кермекаш,
    А.Көбөгөнов «Кыянат» – Эрке, ж.б.

    Артистка 1963 – жылы Нарын музыкалуу театрына которулат. Такшалган артистка бул театрда да өзүнүн таланттуулугу, чеберчилиги, ар бир образды көркөм ачууда болгон өтө кылдаттыгы менен алдыңкы катардагылардан болүүга үлгүрдү. М.Рыскулов атындагы Нарын Музыкалуу драма театры.
    М. Тойбаевдин «Жыпар атасын күтөт» – Жыпар,
    Хакас эл жазуучусу Килчичаковдүн «Аюу колот» – Дариканын,
    Казак жазуучусу К.Мукамбетовдун «Бешбармак даяр» – Күлөндүн образдар.
    Н.Островский «Күнөлүү күнөөсүздөр» – Гальчиха,
    Н.Островский «Гроза» – Кабаниха,
    Н.Анкилов «Жоокердин жесири» – Панкратова,
    Н. Гоголь «Ревизор» – унтер офицердин аялы,
    Т.Актанов (Казакстан) «Күч күйөө» – Гүлжамал,
    Аяз Глязов (Татарстан) «Алакандай жер» – Кадича,
    Т. Абдумомунов «Борбаштын досу Камгакбай» – Чыңкылдак,
    Ж.Өзүбекова «Кыял» – Эне,
    Б.Алиев «Адамдын азыткысы-адам» – Ажар,
    С. Раев «Күн кармаган бала» – Маана,
    Б.Калчабаева «Толкундар тереңге кетет» – Зуура,
    В. Шекспир «Макбет» – Мастан,
    Б. Жакиев «Атанын тагдыры» – Оңолкан,
    Ч.Айтматов «Эрте жаздагы турналар» – Арууке,
    А.Цыгарели «Ханума» – Кабато.

    Анын Кабатосү, Мастаны, Оңолканы, Зуурасы, Кабаниха, Галчихасы учурунда Даргүл, Бакен, Сабира эжелердин жараткан образдары менен бирдей темпте келе жатканы менен көрүүчүлөрдү өзгөчө таң калтыра алган. Ошондой эле сынчылардын элегинен эленип, өзүнүн тең салмагын жоготпой Алптар менен ат салышып келди.
    К.Курманалиева 1994-жылы азыркы Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаштар театрына которулуп келген. Курманалиеванын негизги ойногон ролдорунун катарын энелердин ролдору толуктап түрат.
    С.Ахмадов «Күйөө бала» – Эне,
    Б. Жакиев «Алтын аяк» – Эне,
    Ж.Кулманбетов «Бакен Кыдыкеева» – Алтынай эне,
    А.Дыйканбаев «Мүрөктүн суусу» – Батма эне,
    А. Чекиров «Мусакожо» – Сайкал эне,
    А.Пазылов «Куса» – Эне. Ж.б.

    К.Курманалиева театр менен гана чектелип калбастан, анын Кыргызфильм менен телефильмдеги жаратып, «Алтын казнага» калтырган эмгектерин өтө сыймыктануу менен айтып кетишибиз керек.
    Н.Байтемиров «Үркүя», Ч.Айтматов «Саманчынын жолу», «Бетме бет», «Кожожаш», Б.Карагүлов «Айдагы жезкемпир», А.Айтикеев «Сокүр кемпир көрөгөч», ошондой эле кыргыз сериалдарында Ж.Өзүбекова «Апамдын махабаты» менен Үмар Жума «Чиркин өмүр», Марат Сары уулу «Семья», А.Айтикеев «Той» көркөм фильмдеринде тартылып, көрүүчүлөрдүн оозунан түшпөй, эл кадырлаган каарман катары жашап келе жатат.
    Артистка ырчы катары да элибизге белгилүү. Анын аткаруусунда Р.Абдыкадыравдун «Жүрөктү кеттиң жаралап», А.Алыбаевдин «Сайранда өмүр», К.Досмамбетованын «Жаштыгым», А.Кыязовдун «Наристенин күлкүсү», ж.б.
    Ошондой эле элдик ырлардын, Ж.Шералиевдин, Атай, Муса, Шекербектин ырларын элге жеткизе аткарып, көпчүлүккө ырчы катары да кенен таанылды. Өз заманынын мыкты ырчысы десек да болот. Кеңеш Курманалиеванын аткаруусунда ондон ашуун ырлар Кыргыз радиосунун «Алтын фондусунда» жазылып калтырылган.
    К.Курманалиева Маданиятка сиңирген эмгеги үчүн эки жолку «Кыргыз Республикасынын Ардак Громатасынын» ээси.

    1992 – жылы «Кыргыз Респүбликасынын эмгек сиңирген артисти».
    Маданиятка сиңирген эмгеги үчүн «Эмгек ветераны» медалына татыктуу болгон.
    КРнын эмгек сиңирген артисткасы Кеңеш Курманалиева 60 – жылдап эмгегин, талантын Кыргыз элине арнаган, Кыргыз театрынын биринчи ташын көтөргөн муундардын катарындагы инсан. Учурда 75 – жашка келген эжекебиз белди бек түрүнүп, болгон күчүн Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаштар театрына берип жаткан кези.
    Сахнабыздын көркү! «Карысы бардын, ырысы бар!» – деген. Сахна карысы менен көрктүү, касиеттүү!!!

    Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
    КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
    Театрдын Адабий бөлүмүнүн башчысы Ч.Калыбекова

    Бишкек шаары. 2015 – жыл.

  2. Бакирдин Алиев
    КРнын Эл артисти.

    Кыргыз Республикасынын Эл артисти, сахна чебери, Алиев Бакирдин 1933 – жылы 10 – октябрда азыркы Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Кожомкул айлында туулган. 1955-жылы Ташкенттеги Н.Островский атындагы театралдык институттун «Театр жана кино» бөлүмүнүн актердук бөлүмүн бүтүрүп, эмгек жолун Жалалабат областтык
    Т. Сатылганов атындагы Кыргыз драма театрынан баштаган. Б. Алиев бул театрда 1955 – жылдан 1963 – жылга чейин эмгектенди.

    1963 – жылы Нарын музыкалуу драма театрына которулат. Б.Алиев Нарын театрында 40 – жылдап зор эмгектерди жаратып, Нарын театрын Кыргыз элине гана эмес, дүйнө элдерине таанытууга болгон кошкон салымы өтө зор. Турмуштун не деген каатчылыгына карабай маданиятыбыздын желегин желбиреткен улуу көчтүн алдында келе жаткан сахнанын Залкарларынын бири, Бакирдин Алиев!

    Табигатынан шыктуу, таланттуу, төрт тарабы төп келген сахнанын мыкты устаты. Б.Алиевдин өмүр шыбагасына турмуштун өтө татаал, өтө катуу учуру туш келди. Арыдым, карыдым дебеди. Сахна менен гана чектелбестен, жаштарга насаатчы, коомдук иштерди да жетектеп, Нарын театрын дүйнөгө дүң салды. Бул театрда 1994 – жылга чейин үзүрлүү эмгектенип, көптөгөн Мамлекеттик сыйлыктарга, ийгиликтерге жетишти. Жалпысынан алганда Бакирдин Алиев 50 – жылдан ашуун эмгектенген сахнада жүздөн ашуун укмуштуудай образдарды жаратты.

    ЖАЛАЛАБАТ ДРАМА ТЕАТРЫ. 1955-1963-жылдар.
    Р.Шүкүрбеков «Комуздун тагдыры» – Токтогул менен Эшкожо.
    А.Афанасев «Жаңы кубаныч» – Кекилик,
    К.Эшмамбетов «Эгиз бала» – Шодур чал,
    М.Борбугулов «Барпы» – Барпы Алыкулов,
    Ж.Б.Мольер «Аргасыздан болгон даарыгер» – Зганарель,
    К.Жантөшев «Каныбек» – Кубат,
    Н.Байтемиров «Салтанат» – Ормуш,
    Б. Жакиев «Атанын тагдыры» – Жеңишбек,
    Э.Турсунов «Сулуулар» – Дүрбөлөң. ж.б.

    НАРЫН МУЗЫКАЛУУ ДРАМА ТЕАТРЫ. 1963-1994-жылдар.

    К.Жантөшев «Курманбек» – Тейитбек хан,
    Б.Жакиев «Миң кыял» – Токтогул,
    Б.Жакиев «Атанын тагдыры» – Акылбек карыя,
    Ж.Турусбеков «Ажал ордунда» – Хан,
    А.Цыгарели «Ханума» – князь Вано Панташвили,
    Кильчичаков (Хакасия) «Аюу колот» – Оромай аке,
    Н.Островский «Күнөөлүү күнөөсүздөр» – Шмага,
    Н. Анкилов «Жоокердин жесири» – Плетнев,
    Н. Гоголь «Ревизор» – Хлестаков,
    А.Глязов «Алакандай жер – Көпөс,
    Т.Абдымомунов «Борбаштын досу Камгак- бай» – Камгакбай,
    Т.Абдумомунов «Ашырбай» – Катаган,
    К.Мамбетакунов «Боз бойдок – Картбойдок,
    В.Шекспир «Макбет» – король Дункан,
    В. Шекспир «Винзордук ойсокелер» – Форд,
    В.Шекспир «Отелло» – Яго,
    В.Шекспир «Король Лир» – шут,
    М.Карим «Ай тутулган түндө» – Думана,
    Ж.Садыков «Пудовкин» – малай чал.
    К.Жапаров «Намыскөйлөр» – Миңбаш,
    М.Тойбаев «Атанын баласы» – Шыйкымбай,
    Мольер «Эки малай» – Труффальдино,
    Гарегинбес «Эсеп О:О » – Подвакан Егорович Хублорян, ж.б.

    Б.КЫДЫКЕЕВА атындагы ЖАШТАР ТЕАТРЫ. 1994-2006-жылдар.

    Б.Жакиев «Алтын аяк» – арык чал,
    С.Ахмед «Күйөө бала» – Ганыбай,
    Ж.Кулманбетов «Бакен Кыдыкеева» – карыя, ж. б.

    Бакирдин Алиев бир эле учурда эки театрда ойногонго үлгүрдү. Анын сахнадагы чеберчилиги ого бетер артып, эки сахнага тең жетишип, ара чолодо Кыргызфильм менен телефильмдин чордонунда жүрдү. Кыргыз Мамлекеттик Академиялык Улуттук драма театрында да артист өз оордун тапкандай болду. Улуу муундардын аягы суюлуп бараткандыктан, Б.Алиевдин оорду кайсы гана театрдын сахнасына чыкпасын дап даяр тургандай болду. Ал баарыбызга таберик артистке айланды.

    Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры.

    Ч.Айтматов, М.Шаханов «Сократты эскерүү» Кытай посолу, Ж. Садыков «Ормонхан» – Бек, Т.Касымбеков «Курманжан Датка» – Муфтийдин образдарын укмуштуудай чеберчилик менен элге жеткизип берди.

    КРнын Эл артисти Б. Алиев сахнада ойноо менен гана чектелип калбастан, «Адамдын азыткысы – адам», «Тешкен тоо баяны», «Батышка көчкөн булуттар» драмаларын жазып, сахналаштырып, көрүүчүлөргө тартуулаганга да жетишти. Анын «Адамдын азыткысы – адам» драмасы учурда өзү иштеген Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театырында да коюлган. Залкар артист Кыргызфильм жана телефильмдерде да зор иштерди жасады. Жараткан образдары «Алтын фонддо» калды. Жыйырмага жакын кинофильмдерде ойноду.

    Н.Байтемиров «Уркуя» – Барпы уста. (реж.Т.Океев)
    Кадыркулов «Эски тегирмен» – Акташ карыя, реж. /. Ибраимов,
    М.Гафаров, «Ээн калган өрөөн» – Юнус аке, (реж.К.Кадыралиев),
    Ч Айтматов «Мен Тянь – Шань» – Бейшенкул, (реж Павловская),
    Б.Шамшиев, «Караш – караш окуясы» – сары сакал чал.
    /.Ыбраимов «Айсулуунун талаасы» – Икрам аке,
    Мосьфилм «Взять Тарантино» – Дедушка Монто, ж.б.

    Сахна чебери «Чиркин өмүр» сериалдарында, «Сокур кемпир көрөгөч» тасмасында эң кызыктуу ойноп, элдин сүймөнчөлөгүнө айланды. Артистин образдары бири бирине окшобогондугу менен өзгөчөлөнүп турат. 50 – жылдан ашуун театр сахнасынан түшпөгөн артисти кандай мактасак да жарашат.

    Талыкпаган эмгек, кажыбас кайраты менен Б.Алиев бир топ Мамлекеттик сыйлыктарга жетишти.

    1971 – жылы «КРнын эмгек сиңирген артисти».
    1979 – жылы «КРнын Эл артисти» деген жогорку наам дарга ээ болду.
    Төрт жолу «КРнын Ардак Громаталары» менен.
    «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы.
    «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы.
    В.И.Лениндин жүз жылдыгына карата «Каарман эмгеги үчүн» медалы.
    «Эмгек Ветераны» медалы.
    Бир жолку Нарын областтык Советинин депутаты.
    Эки жолку Нарын шаардык Советинин депутаты болуп шайланган.
    18 – жылдан ашуун баштапкы Партия уюмун жетектеп келди.

    Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
    КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
    актриса, акын – драматург Ч.Калыбекова.

    2015 – жыл. Бишкек шаары.

  3. Учурда Бакирдин Алиев Арабызда жок. Жубайы КРнын эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева экөө эгиздей болуп ээрчишип жүрчү эле… Булардын театрга кирип чыгып турган караандары эле канчалык эле десең. Кош турнасынан ажыраган жетимдей Кеңеш эже соксойуп театрга жалгыз келе жатса, карап туруп жүрөгүм сыздайт. Ошентсе да 75 – жашка келип калганына карабай Кеңеш апабыз кайратынан жазбай театр менен кинонун жылдызына айланды. Мүмкүн жан дүйнөсүндөгү жалгыздыгын бизге билдирбей, элден калбай тынымсыз эмгектенип жатканы анын таланттынын кубаты чыгаар деп коем. Бакирдин Алиев арабызда жок болсо да, Бакен Кыдыкеева, Капар Медетбеков, Болот Бейшеналиев төртөө театрдын айланасында басып жүрүшкөндөй сезилет. Кайран Залкарлар!!! Бул театр силер баскан, силер ойногон, силер көтөргөн театр! Биз силердин изиңерди кууп келе жатабыз. Силер биздин сыймыгыбызсыңар! Залкарларым!!! Залкарларым!!!

    Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
    КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
    актриса, акын – драматург Ч.Калыбекова.

    2015 – жыл. Бишкек шаары.

  4. Бакирдин Алиев менен Кеңеш Курманалиеанын фотолорун киргизе албай койдум. Сураныч. Киргизип койсоңуздар. Интернетте бар.

Leave a Reply to Чынар Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *