Feb 11

Көз жаш..

ТАЛАНТТЫ КӨЗҮНҮН ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙЛА..

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, театр жана кино жылдызы Бакен КЫДЫКЕЕВАНЫН 90 – жылдыгына арналат.
10

… Кайран Бакен эже! Байкуш эже! Кор болгон экен ээ?! Ушундай атак – даңктуу адам… Ушинтип өлгөн турбайбы көрсө…
1Спектакль аяктады. Бакен эже кудум мына азыр, мына бүгүн өлгөндөй, быш – быш этип чыккан залдагылардын ыйынан башка эч нерсе угулбай, залдын ичи заматта муздай түштү. Ооба, ошондой болду. Олтургандардын ичинде эженин акыркы жашоо абалын билбегендер да, билгендер да бар эле. Көпкө созулган оор тыныгуудан кийин гана дүркүрөгөн кол чабуулар залды жаңыртты. Ичимден ушул кол чабуулар мүмкүн болсо узакка, керек болсо таң атканча чабылса дедим. Бул менин артисттик кыялым дечи. Ошондой болсо да эмнегедир кол чабуулар токтосо Бакен эжени көз алдыбыздан кайрадан түбөлүккө жоготуп жиберчүүдөй эл токтосо да өзүм токтобой чапкылап жаттым. Ал тургай көзүмдөн аккан жашымды да аарчыган жокмун. Мүмкүн эмес эле. Кантип ыйлабай кое аласың? Карачы? Типтирүү Бакен эже «шүмүрөйүп»… алсыз… мусаапыр кейипте элдин маңдайында колдорун ушалап олтурат.
Зээним кейий акыркы жолу Бакен эжем менен «Аксакалдар чайканасында» жана Кыргыз драма театрынын маңдайындагы ошол кезде жаңы ачылган Кафеден чогу тамактанганыбызды эстедим. Ошондо театрдын вахтасында олтурган эженин айтканы эсимде.
– Ырас эле кылдың Чынара. Эжеңдин батасы тийет. Сообуна калдың, карабайсыңбы эртеден кечке ушинтип олтурганы олтурган. Эч кимиси деле карабайт. Керек болсо түртүп өтүшөт. Бир кезде Бакен эже ким эле? Мындагы «мен дегендер» ким эле? – деп, мага ыраазы болуп койду. «Аксакалдар чайканасына» барганыбызда чайкананын директору (азыркы ырчы кызыбыз Асел Кыдыкованын атасы) Бакен эжени көрө калып жүгүрүп келип учурашкан эле. Ал тургай үйүнө чоң конок келгендей сүйүнө, баркылдап тосуп алды.
– Келиңиздер, келиңиздер. Оо, бүгүн бизге чакыртып келтире албаган коноктор келген тура. Жогору өтүңүздөр. Тигил жерге олтуруңуздар деп, бизди олтургузганча шашты. Теңтуш элек, мен ырахматымды айтып, эжени ыңгайлаштырып төргө олтургуздум. А, эже байкуш ага маани да берген жок, ал тургай тааныган да жок.
– Кайсы артист эле? – деп кайра менден сурап коет.
– Бул жигит артист эмес, ушул чайкананын чоңу болот, – деп түшүндүрдүм.
– Мага куурдагы болсо ошонусунан апкелсин, анан…
– Куурдагыңар барбы? – деп ашкана жагына барып сурасам, жок экен. Салим байке (ал киши менен «Ак Марал» бий ансамблинде чогу иштеген элем) жакшынакай кылып мантысынан салып келди.
Ошентип тамактанып алып кайрадан театрга келдик. Жолду карай көп нерселерди божурашып келе жаттык. Мен эжеге бир кезде жаңыдан студияга тапшырып окуп жүргөндө (бир ай да боло элек болчу) Москвага өтпөй калганыма ичим ачышып, экзамен алган кишилердин туура эмес кылгандарын, «Өттүң!» деп коюшуп, акыркы турда себепсиз кулатып салышкандарын, анан да калыстык жок экенине нааразылансам, эже токтоп калып мени карап турду да:
– Ушул жашоодо калыстык бар экенине сен ишенесиңби? – деп сурады. Анан экөөбүз бир топко унчукпай калдык.
Мен кайрадан өткөндөн кеп козгодум.
6– Эже, билесизби? Ошол кезде: – Студияга окубайм. Москвага барып окуйм! – деп кадрлар бөлүмүндө иштеген эжеден документтеримди алып жатсам, аркамдан бирөө шап эле колумдан баягы документтеримди жулуп алып, оозу акчылып турган сейфке ыргытып жиберсе болобу. Түптүз барып түшүп калган документтерди карап оозум ачыла түштү. Тигил эже алаңдай оордунан тура калды.
Көрсө, менин колумдагы документтерди жулуп алган Бакен Кыдыкеева экен. Ал кезде, Бакен эже өтө салабаттуу ары сүрдүү, салам берсек да оңой менен алик албай, сүрдүү көздөрү менен бизди баштан аяк тиктеп, тээ бир топто: – Саламатчылык! И – ии, окууңар кандай?! – деп, басып кетчү. Коркуп кеттим. Бирок бир топ көк бет элем.
– Мен Москвага барып окуйм! Эки турда тең өттүң дешип, аягында кулатып салышты. Баарына жакшы жооп берген болчумун да. Экзамен алгандар калыстык кылган жок! Керек болсо комиссияга да мени жолотушпай коюшту. Кирсем баарын айтат болчумун. Мен эми Мовквага өзүм барып тапшырам! – деп ыйлап жибердим.
– Тигини, тигини! Бул жер сага эмнеси менен жакпайт? Москва! Москва! Москва – сосквасы жок эле ушул жерден окуп артист болосуң! Окубай – чокубай эле артист болуп жүрөбүз. Мунун москвачылын. Бир барак эч нерсени чечпейт. Кептин баары Кудай берген өнөрдө! Таланттың болсо окубай эле артист болосуң. Жок болсо он беш жыл окусаң да оозуңду ачып ара жолдо каласың. Кыйын болсоң, ушул эле студияны бүтүрүп кыйындыгыңды көрсөтчү. Москва деп коет! – деди Бакен эже каткырып. Эшикке кантип чыгып кетээримди билбей алдастадым. Тигил эже да Бакен эжеден айбыккандай болду.
– Бир жумадан бери менин жанымды койбой, документтеримди бер дегенинен эжеге айтпай эле берип жаткам. Галина Ибраева билбейт деп жиберди.
Оюмда эч кимге айтпай документтеримди алып, Москвага кеткендердин аркасынан барып, ошол жерден кайра экзамен тапшырсам деген элем да. Эми болбосун жүрөгүм сезгендей, бир жагы Бакен эже айткандай ушул студияны бүтүрүп, болбосо сырттан окуп бүтүрөөрмүн деген ой да жүрөгүмдү бир аз жибиткендей болду. Кечирим сурап чыгып баратканымда Бакен эже кош өрүлгөн чычымдан шап кармады.
– Береги чачты сакта! Кептин баары ушул кош өрүлгөн чачта жатпайбы. Артист болом десең, сахнага момундай келишкен узун чач керек. Аялдын сулуулугу чачта болот! Бир топ көк кыз окшобойсуңбу, ыя?! – деп, чачымдан силкип силкип койду.
Шашканымдан даагы кечирим сурап жибердим.
– Жөнө! – деди эже.
Кадрлар бөлүмүнүн кабинетинен атып чыктым. Жолду карай кетип баратып: – Баары бир, баары бир Москвага барам! Ошол жактан окушум керек! Москвага өткөн балдардан менин эмнем кем эле? – деп, экзамен алган кыргыздарды ичимен сөгүп сөгүп бараттым. Ошондогу Москванын өзүнөн келген мугалим аялга кезиге албаганыма өкүндүм. Эшикти тээп кирип кетпей деп, ичимден буркан – шаркан түшкөн бойдон жатаканага жөнөдүм.
Жанатан Бакен эжеге ушуларды айтып түгөтө албай божурап келе жаткан элем. Театрга жакын калганда эже тык токтоп калды.
– Мен сени эми эстедим. Чачың жок го? Кыркып салган турбайсыңбы. Ка – ап. Азыр кайда иштеп жатасың. Атың ким эле?..
Бакен эжени тиктеп эле калыпмын. Өткөндө да ушинтип чогу тамактанып, көп нерселерди божураштык эле. Көрсө, эже жанымда жүргөнү менен, оюу таптакыр башка жакта жүргөн турбайбы. Мен жөн эле бирдемелерди сүйлөп жүргөн турбаймбы. Кандай өкүнүчтүү! Улуу адам менен өткөндөрдү эскерип, ырахатка батып жүрөм десем, эже мени уккан кишидей эле басып жүрө берген тура… Аяп кеттим. Көздөрүм жаштана, денем бир башкача боло түштү. Алдыртадан билгизбей эжени аяр карадым.
– Жеңдерим кирдей түшүпбү? – деп, эже мага плащынын эки жеңин көрсөттү.
– Бир аз эле… Сыр бербегеним менен жанагындан да жаман боло түштүм. Кайдан аз болсун. Анын кийип жүргөн плащынын кири базарда олтурган кайырчынын кийминен эч айырмасы жок эле. Мен билгенден театрда Бакен эжени бир гана актриса (КРнын эмгек сиңирген артисти Жыпариса Көчөрбаева) такай тамак – аш, чай – пайын берип карачу. Ичимден караган кишиси жок го деп койчумун. Ошол кир киймин көрүп туруп бир жолу да аял катары жууп койбогонума абдан өкүнөм. Катуу өкүнөм! Мүмкүн жаштыгымдан этибар алганым жок го. Мүмкүн…
Менин жүрөгүмдө даагы бир калган Бакен эженини жылуу элеси, студияга экзамен берип жаткан күн. Сахнанын капталындагы узун олтургучта олтургам. (ошол олтургуч азыр да бар) Экзамен жаңы эле бүткөн. Бакен Кыдыкеева да комиссияда бар болчу. Бул экзаменде менден эч нерсе деле сурашкан жок. Таанып калышкан окшойт. Анткени көбү Москвага тапшырган экзаменде олтурушкан да. Болгону жогору жактан түшүп келип «Сулайман!» деп гана кыйкырдым. Бирөөнүн атын айтып кыйкыргандын да кыйыны барбы? Кыйкыр дешти кыйкырдым. Болду дешти, кете бердим. Ошондон кийинки олтурган кебетем жанагы болчу. Жанымдан өтүп бараткан Бакен эже токтой калды. Оордуман ыргып турдум.
– Жарайсың! Азамат! Сен даяр артист турбайсыңбы. Өттүң. Буюрса, мамаңды тартсаң жаман артист болбойсуң. Кара, Гүлшаранын эле өзү! – деп, колумдан ала куттуктап, бетимден өөп басып кетти. Эшикке жеткенде кайрылып:
– Баса, мамаң залда олтурат. Бара бер мамаңа, мында эмне олтурасың? – деп чыгып кетти. Ошол күнү биринчи колун кармаган күнүм эле. Эже болсо чыгып кетти. Мен олтурган жеримде олтуруп калдым.
– Мамаң дейби? Гүлшарасы ким? Акылым айран. Аңгыча жаныма классташым Эшенкул Барпиев келди. Ага Бакен эженин айткандарын төкпөй чачпай айтып бердим.
– Мен да өтүпмүн. Жүр, тамак ичип келебиз. Эшенкул мени ээрчитип жөнөдү.
Оюм он талаа. Бассам – турсам Бакен эженин сөзү көңүлүмдө. Түштөн кийин ачык турган кабинеттин эшигинен Гүлшара Дулатова эжени аңдый карадым. Галина Ибраева эже экөө чай ичишип, сүйлөшүп олтурушкан экен. Ой, тобоо! Мына кызык! Карасам, чын эле Гүлшара эже мага окшош экен. Жок, мен ага окшош экем. Сөздүн төркүнүн кийин түшүндүм. Көрсө, мени Гүлшара Дулатова эжеге окшоштурушуп, ал тургай ошол эженин кызы экен дешип, бир тобу шектенишкен тура. Кийин бизге сабак берип, аралашып калган кезде Гүлшара эже өзү да айтып каткырып жүрбөйбү. Азыр болсо таптакыр эле окшошуп калдык. Ошондон ушул кезге «мама» деп жүрөм. Адамга адам окшош болот тура. Бир топ кишилердин: – Гүлшара Дулатованын кызысыңбы? – дегендери кийинчерээк мени анча деле таң калтырбай калган. Кээде, кайра мактанып, «ооба, кызы болом» деп, кайкая басып кетчүмүн. Эстей кылганыбызда биринчи эле Бакен эжени айтып, Гүлшара апам экөөбүз боорлорубуз эзилгенче күлчү элек десең…
… Кайран гана кыргыз элинин бешенесине бир келген сахна жылдызы!.. Кыргыз аялзатынын асылы, сахна Ханышасы – БАКЕН эжем!!! Мен сизди ушулардын баары эсинде го деп, жаныңызда божурап жүрө берген турбаймбы. А, сиз… Сиздин ушундай абалга жетип калганыңызды кайдан билейин. Ал тургай театрдын кире беришинде үн- сөзсүз олтурганыңызда да, үйбөй саламымды айтып, жаныңыздан канча ирет жалтактай сүрдөнүп өтүп жүрбөдүмбү. Көрсө, менин саламымды деле, сүрдөнгөнүмдү деле көрбөй, укпай, жай гана олтура берчү турбайсызбы. Кечир мени эжеке? Атаны кокуй, арман күн! Көрсө, баягы сүрдүү Бакен эжем эмес эле, бир сөлөкөт олтурчу турбайбы… Кечир мени эжеке? Кечир? Бир мени эмес, вахтадагы аялдар айткандай, тебелей түртүп, көрүшсө да көрмөксөнгө салгандарды, баарын… баарын кечир?! Билип билбей кылган күнөөлөрүн, жаңылыштыктарын, пендечиликтерин… Кечир?! Пендечилик! Пендечилик! Ошол үчүн адам турбайбызбы…
Тирүүчүлүктүн бир кемчилиги ушул тура. Тирүү кезде кордоп, өлгөндөн кийин телегейин тегиз кылып, сулуу кеп – сөздөр менен келиштире оңдоп… Түрүң курган тирүүлүк ай! Адам дегениң маймылдан да жаман экенбиз го. Айтканыбыз бир башка, кылган ишиң бир башка. Керек болсо керт башыңдын кызыкчылыгы үчүн бир байкуштун тагдырын «талпак» кылып тепселегенге да барат экенбиз. Андан да тирүүчүлүгүң колуңдан келип турганда адам экенсиң, кичине сылтый түшсөң адам катарынан түртүлүп калат турбайсыңбы. Эмне үчүн адамдар ушундайбыз? Эмне үчүн? Эмне жетпейт? Эмне?! Бири – бирибизди кадырлап сыйлоо ушунчалык эле кыйынбы?.. Эмне үчүн жакшы сөздү аяп, жамандык кылганча шашабыз? Өзүңдө жокту өңгөдөн көрүп, көрө албастык кылып, көргө киргизгенче жан талашабыз? Эмне үчүн?!..
1Капырай! Ушундай да окшоштук болобу? Тим эле куюп койгондой окшош. Көргөндөрдүн эч кимиси тана албайт деп ойлойм. Анткени сахнада Бакен эженин ролун ойноп жаткан Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова эмес эле, тирүү Бакен Кыдыкеева олтурду. Тирүү БАКЕН… Ар бир кыймылы, баскан турганы, бурулганынан бери окшош! Жада калса колдорун ушалап, аста жылмайып койгонучу. Дене башым муздай түшүп, жүрөгүм лакылдап чыкты. Бакен эжемдин ошол өлөөр алдындагы кебете – кешпири… Так өзү! Байкуш эже. Жаңы жылдын алды эле. Биздин театрдын балдары үйүнө чейин жеткирип коелу дешсе болбой койгон экен. Анан алар таксиге салып жиберишиптир. Мүмкүн…
Деле тереңирээк талдай келгенде ар бир талант бири – бирине эч окшошпойт. Ар бири өзүнчө кайталангыс талант ээлери! Назира Мамбетова эже да 40 жылдан ашкан өмүрүндө сахна менен кинодо далай далай көрүүчүлөрдү таң калтырган түркүн образдарды жаратты. Анын ичинде кино тармагын, теле тасмаларды кеңири кеп кылсак болот. Мунун баарын айтып олтуруунун кажети жок деп ойлойм. Анткени бул актрисаны улгайган адамдардан баштап, бешиктеги балдардан бери жакшы тааныйт десем эч жаңылышпас элем. Мени таң калтырган бүгүнкү Бакен эженин ролун тирүү Бакендей ойноп элге жеткиргендигинде. Залда көрүп олтургандарга типтирүү эле Бакен маңдайларында турса кимиси, – Бул Назира Мамбетова деп, айта алат? Эки актрисаны бири – биринен ажырата албай олтургандарынын да жөнү бар. Бул өтө бийик актердук чеберчилик эмеспи! Ооба, так ошондой болду. Назира Мамбетованын бийик актердук жөндөмдүүлүгү зал толтура олтурган элди көз боечудай арбап, ден – дароо кылып койду. Актрисанын бирге иштеп бир жүргөн замандаштарына болгон таарынычтарын, жеке жашоосундагы азап – муңу… ызасы… Көкөлөтүп келип ташка чапкан тагдырына болгон таарынычы… Мына! Мына! Бул Бакен эмей ким?! Өзү! Так өзү!!! Ээрдин кесе тиштей өзөк өрттөгөн муңун ичине катып тургандагы, мунары өчүп бараткандагы көзүнөн мөлт этип жаак ылдый кеткен бир тамчы жаш, анан ошол замат дүйнө менен эч иши жоктой нес болуп калганы… Так өзү! Бул чыныгы Бакен эже! Өзү! Бирок эже арабызда жок да… Болгону, Улуу актрисанын образын гана ойноп жатбайбы.
Мына чеберчиликтин бийиктиги! Эки актрисаны бири – биринен ажыратуу мүмкүн эмес. Бул да Улуу актриса! Демек, Залкардын экинчи өмүрүн даагы бир Залкар актриса бизге жеткирип олтурат. Бакен эжеме экинчи өмүр тартуулап олтурат. Ушундай эмеспи көрүүчүм?! Дал ошондой! Кара басканын… үнү… олтурганын…
Ой кыялдарым уйгу – туйгу. Жан дүйнөм жанчылып, өзүмчө чыракка түшкөн көпөлөктөй чарк айланып чаң – тополоң түшүп жаттым. Бакен эжекемдин не бир элестери көз алдыман тасмадай тизилип өтүп жатты. Жашоо деген ушул белем арман! Айланамдагылардын өкүнүү менен бышылдагандары жүрөгүмдү эзип жиберди.
– Кайран Бакен эже! Кайран Бакен эже! Ушинтип калган тура…
Мына актрисанын мыктылыгы! Жашаңыз Назира эже! «Жакшы жашамак бар, жакшы өлмөк жок!» – дейт. Бакен эженини тагдырын эч кимге бербесин. Сиздей адам, сиздей өнөр ээси да жүз жылда бир жаралат. Бар болуңуз!
Сизди карап олтуруп да аргасыздан бир кезде уккан кептерди эстөөгө туура келди. Ош театрынан келген кезде, бир топ кишилердин ортого түшкөнүнө карабай сизди Кырдрамга албай коюшканына аябай таң калган элем. Көрсө, «ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» деген туура окшобойбу! Ошол убакта каршы чыккан кээ бир адамдар бүгүн сизди: – Таланттын талантты гана ушундай болот! Жарайсың, Назира!!! – деп, мактап олтурушпайбы. Бир кезде Бакен эжени да ушинтип мактап, анан мактоо менен жайлашкан да ээ? Мына сага адам деген! Мына пендечилик! Баары бир сиз уттуңуз Назира эже. Анткени сизде чыныгы чоң талант бар. Чоң талант!!!
Байкашымда өзүнө өзү тура алган ар бир таланттуулардын «арсыз душмандары» көп болот тура. Сизде да жок эмес. Алар көрө албастыктын туткунунда туйлаган «ары жок келемиштер» эмей кимдер? Мейли, кандай сүйлөшсө андай сүйлөшсүн. Мындай мүнөздөрү менен ар бир адам баласы өзүнүн тайкы гана жагын көрсөтө алаары бышык.
Ар бир убак ушундай жеңиштерге жете бериңиз кыргыз элинин кымбат кызы, Кыргыз сахнасынын жана кыргыз киносунун жылдызы Назира Мамбетова!!! Бүгүн сиз Бакен эжебизге экинчи өмүр бердиңиз. Ооба, экинчи өмүр! Залкардын өмүрүн залкар улайт деген ушул эмеспи… Бакен эжекемдин арбагы колдосун!
Мүмкүн драматург Жаныш Кулмамбетов бул пьесаны жазбаса бүгүнкүдөй чоң жаңылык болот беле, болбойт беле. Андыктан Жаныш Кулмамбетовго дагы чексиз ыраазычылык билдирүү керек экенин унутпайлы. Турмушта көзүң көргөндөн качып, акыйкатты тике айткандан айбыгабыз. Ошондой эле болуп жатпайбы. Ачуу чындыкты жашырып келебиз. Туурабы, замандаштар?! Баш кесмек бар, тил кесмек жок!..
Кеп кезегинде айта кетээрим, Жаныш Кулмамбетовдой чындыкты бетке айткан, калпын кашык эмес чаралап чачкан кыргыздын чыгаан уулдары көп болсо гана атаганат! «Талант жана Тагдыр». Пьесанын аты эле эмне деп олтурат. Албетте мындай көрүнүш окуялар башка тармактарда деле жок эмес деңизчи. Тирүүчүлүктүн ар бир күнүндө, ар бир түнүндө адам баласын көлөкөдөй ээрчип келет эмеспи. Ошол үчүн жашоодо жакшы менен жаман, ак менен кара, ачуу – таттуу эриш аркак жүрөт тура. Бирок, менин баамымда бул кара санатайлык, көрө албастык, бут тосуу биздин маданият тармагында бөтөнчө басымдуу орунду ээлегендей. Же, калппы?! О – оо… «Оо дүйнөгө» кошо көтөрүп кетчүдөй наам талашабыз, бийлик талашабыз.
Пьесада келтирилген ар бир окуя чындыгында адамдын жүрөгүн сыздатпай койгон жок. Автор Бакен эженин жөн эле кооз мисал кылбады. Болгонун болгондой, чырылдаган чындыкты жазыптыр. Жакшы кездерин, атак – даңкка жеткенден кийин азаптуу ачуу жашоосу… Автордун бул эмгегине арбак ыраазы болду деп ойлойм.
… Оюн жүрүп жатканда Бакен эжекебиз автор КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Жаныш Кулмамбетовго, оюнду койгон режиссер, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана КРнын эл артисти Алмаз Сарлыкбековго, азаптуу күндөрүн эсине салып арман кезин козгогон, өзүнүн айрып алгыс элеси – Улуу Бакен – КРнын эл артисти Назира Мамбетовага, жаш Бакен – Гүльмира Ташматовага, Даргүл Күйүкова – Гүльмира Турсунбаевага (Т.Турсунбаева жана Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктардын ээси), кызын ойногон Жаңыл Манапбаевага ыраазычылыгын билдирип, сахнанын бурчунда биз менен кошо ыйлап тургандай болду. Ооба, ооба! Улуу актриса ыйлап турду. Аны Аалам укту, Жер Эне укту, биз гана… биз гана…
Ал театрдын директору Темирлан Сманбековго, сүрөтчү Бакыт Тилекматовго жана театрдын жалпы артисттерине чоң ыраазычылыгын билдирип тургандай болду.
Спектаклдин коюлушуна көмөк көрсөткөн кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Керексизов Ташкул Жанузаковичке бөтөнчө ырахматын айтып, көрсөткөн сыйыңа берген батам деп, Теңирден өмүр тилеп тургандай болду.
Арбактар бизди ар убак колдоп, жаныбызда эле жандап жүрөөрүн унутпашыбыз керек. Алар баарын көрүп, угуп турушат. Туура айтамбы, Бакен эже? Мына бүгүн өз көзүңүз менен баарын көрдүңүз. Жаш Бакен (Гүльмира Ташматова) чыкканда, кандай абалда турганыңызды түшүнүп турам. Ыйладыңыз ээ? Албетте, сүйүнгөнүңүздөн. … Назиктиктин, сулуулуктун, сырдуу ыйык сүйүүнүн керемет күндөрү… Тоолуу Нарын театры! Ак – Сай – Арпа… Долондун ашуулары! Көк тиреген Тянь – Шань тоолорунун чокусундагы аппак кардай акак сүйүүң! Алкынган Нарын суусундай ээ – жаа бербеген арышы катуу кеткен ак эмгектериңчи?! Тоо койнунда калган чагылгандай жалындуу жаштыгыңчы?… Кайран жаштык! Ушулардын баарын көрүп турдуңуз ээ?
Чеги жок ойго тумчугуп, демим кысыла түштү. Аттиң! Аттиң дүйнө десең!..
– Талантты берген Кудай, таттуу тагдыр бербейт тура! Бир жагынан берсе, бир жагынан кем кылып коет окшобойбу. Мунун чындыгы бар. Көп эле артисттер сахнада бактылуу, а, жашоосунда жалгыз. Бул калыстык эмес! Сахнада бактылуу болгонубуз үчүн жашоодо жалгыз өтүшүбүз керекпи?! Кай жазыгыбыз үчүн?! Же эмне, баарын сахнага берип салдыкпы? Карап турсам жашоо да аялзатына берген энчисин бизден кызгангандай болуп кетет. Бул эмнеси? Эмне үчүн?
Ошентип, оюн да бүттү. Көпкө созулган кол чабуулар. Ооба, кудум илгеркидей. Сиз Айганышты, Дездемона, Жесси, Эркеайым, Гонерилья, Варвара, Анна, Сейде, Катерина, Мастан кемпир, Софья, Майсалбүбү, Айдайды ойногондон кийинки кол чабуулардай… Токтогон жок. Зал жаңырып чыкты. Сиздин аккуудай болуп келип жүгүнгөнүңүздү күтүштү. Бирок сиз чыккан жоксуз. Сахнанын ортосунда гүлгө оролуп, Сиздин образыңызды ойногон АКТРИСА турду.
Кандайча? Кайсы кара баскан күнү кайратыңызды алдырып койдуңуз эжеке?!
Көрдүңүзбү, мынабул кол чабууларды! Сизге деп арналган белектерди. Гүлдөр! Сиз жыттаган, сиз кучактаган, сиз сүйгөн гүлдөр… Мактоолор! Бакен! Бакен! Бакен!!!
6Тигине, УЛУУ БАКЕН, УЛУУ АКТРИСА – НАЗИРА МАМБЕТОВА сахнанын ортосунда дале образдан чыга албай турат. Өкүнүү менен айтылган эскерүүлөрдү угуп жатасызбы, Бакен эже?! Тим эле азыр жер жаңыртып өкүрүп жиберчүүдөй…
Сиз «Бакен! Бакен!» болуп турган кезде булар ким эле? Эки жүздүүлөр! Ошол кезде буларың кайда жүрүштү эле? Урматтуу маданият министрлиги! Маданияттын бир бурчун чойгон кишилер ушулар эмес беле, Бакен эже? Эми минтип неге катуу өкүнүп жатышат? Неге адамдар тирүү кезде сыйлап, барктап, батышпай, өлгөндөн кийин ушинтишип, – «Укмуш адам эле!» – деп калышат. Неге? Неге?!
Убагында, сиз «карайлап» калган чакта ушулар эле жашооңузду жеңилдетип, колдоп коюшса болот беле? Болмок! Эми минтип Сиз бүгүн өлгөндөй өксүп, жоктоп жатабыз. Кокуй күн! Кокуй күн?! Бакендин өлгөнүнө 12 жыл болбодубу! Жакамды кармадым. Дагы да болсо пендечилик! Пендечилик!!!
«Колдо бар алтындын баркы жок!» дегендей, Сиздин тагдырга окшогондор четтен чыгат. Бир комнат үйгө ээ болбой, эптеп үйлүү болгон кезде аттиң, колу – бутун кенен сунуп кемпири менен ысык чай ичпей Болот Бейшеналиев агабыз да «силердин айылга» кете берди. Кыргыз маданият искусствосунда даагы бир оор жоготуу болду. Болот Бейшеналиевди акыркы сапарга узатуу учурунда (Кырдрамдын ичинде) Казак элинин эл акыны, ошондой эле КРнын да эл акыны Мухтар Шаханов:
– Ойбай! Ойбай! Оозун ачса жүрөгү көрүнгөн кыргызым! Биз улуу адамдан, улуу таланттан айрылдык! Болот бүтүндөй кыргыз калкын экран аркылуу дүйнө элине тааныткан талант эле. Таланттуу адам ал – Океан! Боорлорум!!! Кыргыздын даагы бир кырааны колдон учуп кетти! Жалпы казак элинин атынан, өзүмдүн атымдан кайгыңарды тең бөлүшөм. Кош боорум! Кош Болот! Кош!!! – деп, катуу өксүп, коштошкон эле.
Ошол эле учурда биздин жогорку жактагылардан бирөө минтсе болобу: – Болот Бейшеналиев агабыз таланттуу адам болчу. Агайдын кыргыз калкына кылган эмгеги зор! Бокемдин артында эмгеги калды. Мен агайдын үйү жогун ушул убакка чейин билбепмин. Болот агайдын бир жөнөкөйлүүлүгү ушунда, бир жолу да Өкмөттөн үй сурап жогору жакка кайрылган жок! Ар кандай маселелер менен Ак үйгө жүгүргөндөр көп эле болот. Бокем бир да жолу кайрылган эмес. Ал жөнөкөй, бир сырдуу адам эмес беле. Кош, Боке! Кош…
Ушул сөзбү?! Уяттуу өкмөт неге эртелеп урматтап, камкордук көрбөйт?! Эгер өз жарандарына учурунда камкордук көрбөсө «ак үй», «көк үйдүн» элге кереги не? Көрсө, булар барбагандарды, тынчын албагандарды макташат турбайбы. Мүмкүн, – Биздин тынчыбызды албай аман – эсен өлүп бергениңерге ырахмат! – деп да жатышкандыр…
Мына сага Өкмөт!!! Бир казактын алдында канча кыргыз башты жерге салдык. Ошол турушумда Болот агай менен кошо өлгөндөй болдум. Гүлдүн түрүн «чөп» деген, төө экен деп эшекти «чөк» деген, асылды таштан айрый албаган «өкмөтүм», өнөр адамдары өзүнөн мурун сени ойлойт! Элин – жерин ойлойт! Өмүр бою элге бекер кызмат кылып өтөт. Акча да жок, үй да жок, анан ушинтип… кетээр жакка «жылаңач» кетет! Кайран талант ээлери! Акылдуу болсо өкмөтүм, тирүүсүндө кадырлап, эртерээк эле үйдү берип койбойбу? Мына, Бакен эже. Болот агайды ушинтип узаттык.
Боосу бек болсо экен! – деп, ар бир келген министрдин амандыгын тилейбиз. Сокурдун тилегени эки көз демекчи, артисттердин тилегени жашоо шартыбызга, ишибизге түз караган, түз чечкен, калыс, адамгерчилиги зор МИНИСТР! Жетекчиң бийлигин түз жүргүзбөсө, баштаган эркечи жок бир атар койдой баш оогон жакка талаалап, талаада калаарыбыз чындык эмеспи. Анан сиздин тагдырдай тагдырга туш келбейбиз деп кантип айта алабыз. Ким кепилдик бере алат? Бул кашкайган чындык!
Ээ, Бакен эже, айтса арман көп. Кептин төркүнү талантты берген Кудайым, жеке жашооңдо да бир аз болсо дагы бактылуу тагдыр берсе дегеним го. Анан ошол кан жаныңды аябай тытынып иштеген күндөрүңдү, сахнага берген өмүрүңдү көмүскө калтырбай убагында баалап, барктап алышкан жетекчилер болсо… Өкмөт дегениң өңгөнү сыйлаганды кое туруп, өз элиндеги таланттарды алакандарына салып асырап алышса гана атаганат?!..
Таптаса күлүк чыгабы, же, таштак жерге чаптырып, тарпын чыгарса күлүк чыгабы?! Талантка сүрөө керек! Жашпы, карыбы аны кадырлоо керек. Ал күчүнүн барыныда «айдайым!» деп, карыганда четке кагып, унутта калтырганыбыз Кудайга жакпаган иш эмеспи. Буга мисал Улуу актриса Бакен эженин кейиштүү өмүр жолу болур олтурбайбы, замандаштар!
Аттиң арман! Арман дүйнө!
Куттуу сахнада жылдыз болуп күйүп, Теңир берген керемет талантыңыз, келишкен сулуулугуңуз, өнөр сересиндеги бийиктигиңиз менен – сахна Ханышасы болдуңуз.
Бакен! Бакен! Не деген – БАКЫТ!.. Не деген – ДӨӨЛӨТ!.. Ушунун баарын көтөрүп келип, анан… анан… кандайча… Бири кем дүйнө!!!

Кошумча толуктоо: Б. Кыдыкеева 1923 – жылы 30 – октябрда туулган. 1993 – жылы 30 – декабрда 70 – жашында дүйнөдөн кетти. 1926 – жылы борбордо театр студиясы ачылган. Бакен эже 1936 – жылы театрга артист болуп кирген. Кыргызстандагы алгачкы ТЮЗ театрынын актриса өмүрүнүн акыркы жылдарын учурдагы ТЮЗ театрында өткөрдү десек болот. Азыр жаштар театры Бакен ЧынарКыдыкеева атындагы Мамлекеттик театры болуп калды.

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтоболот АБДУМОМУНОВ жана Аалы ТОКОМБАЕВ атындагы
сыйлыктардын ээси, актриса, акын – драматург Чынар КАЛЫБЕКОВА.

Feb 11

«Көч Байланыш»

6«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ БОЛГОН
МУКТАЖДЫКТЫ ЖАРАТУУ КЕРЕК!»


Жылкы жылынын алгачкы айларында «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу салтка айланып калган «Көч байланышыбызды» кайрадан баштадык. Байланыштын алгачкы коногу өзгөчө адам. Бир тамга менен эле бир нече сөздөрдүн башын курап, кыргыз сөзүнүн байлыгын жөнөкөй жана укмуштуу чеберчилик менен аткарып, даңазалап жүргөн кыргыздын айтылуу мырзасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, ордолуу Ош шаарынын элге билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек КИМСАНОВ болмокчу.

АйтмырзаАйтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Бишкек шаары, КР.  Ассаламу алейкум, Куштарбек мырза! Жаңы кызмат ордуңузду дагы бир ирет куттуктаймын! Мен агартуу жумушунда бир топ жыл эмгектенген киши катары бул салаа кандай татаал да, түйшүктүү да, чечилгенинен чечилүүгө тийиш болгон көйгөйү көп, бир жагын жамасаң, экинчи жагынан жыртыгы көрүнгөн, баш кашылаганга убакыт калбагыча эмгектенчү жай экенини жакшы билемин. Ушундай түйүшүктүү да, бирок, аябай керектүү жана ардактуу жумушуңузда ийгиликтерди каалаймын. Эми суроолор:
1. Ош шаарында билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн ишти кайсы орчундуу маселеден баштаганы турасыз, же баштадыңыз?
2. Билим берүү менен тарбиянын айырмасы жана уңгулаш жерлери кайсылар, аларды ар бир сабакта окуучуларга кантип жеткирсе боло тургандыгы туурасындагы сиздин оюңузду уккум келет. Жаштарга сабак болсун.
3. Каңырыш укпасам Ош шаарындагы өзбек тилдүү жарандарыбыз окушкан бир топ мектептер мамлекеттик тилде окуйбуз дешип демилге көтөрүшүп жатышкансыды эле, ошолор боюнча да маалымат бере кетсеңиз. Жоопторуңузга алдын ала ырахмат!

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп: Айтмырза аганын «Ишти кайсыл орчундуу маселеден баштадыңыз?» деген алгачкы суроосуна жооп:  -Бала кезибиздеги «Бул насыйкат менден калган, Бул насыйкат сенден калган…» деп бабалардан калган насыйкатты айтып какшаган айтылуу обончу агабыздын ырын эстеп турам, анын сыңарындай бул кызмат кимдерден гана калбаган, мындай дегеним, моюнга жүктөлгөн ишти жаңыча аткаруу жолго коюлбаса айырмаланбаган адам боюнча мезгилдин көлөкөсүнө сиңип кетүү турган иш. Ошондуктан Оштогу билим берүүнүн, тарбиялоонун заманбап үлгүлөрүн көрсөтүүгө ак эткенден так этип күн-түн аракет жасай баштадык. Албетте жамаат менен биргеликте. Абалтадан аталарыбыз ат мингенди жактырып келишсе, азыркы заман алыска сапар алууда, заманбап унааны мындай кой, учак менен барууну туура өздөштүрдү. Демек, заман талабына шайкеш келген жаңыланууларга орун беришибиз керек. Мектептерге интерактивдүү доскаларды орнотууну колго алдык. 20 сааттан ашык сабак берген мугалим карылыгын кандай күтүп алат? Нерви корогон, тили талыган, ашыкча сүйлөп наалыган айрымдардай болбош үчүн бүгүн мугалимдерибиз алдын ала ойлонуп, өздөрүн алыскы келечекке татыктуу барууга даярдаш керек. Антпесе, акча табалы деп, сабак берели деп чачы эрте агаргандан жеке пайдасы жокко чыгат. Ойлорду ордолотуп айта турган болсок интерактивдүү доска менен 30 саат сабак берсе да кыйналбайт, тескерисинче рахаттанып иштейт жана окуучулары да кызыгуу менен олтурушат…

Билим берүү башкармалыгыбыздын сайтын иштеп чыктык. Ар бир мектептин интернет түйүнгө улануусун камсыздай баштадык. Олимпиаданын адилеттүү өтүшүнө кепилдикти күчөттүк. Тарбиялоого маани берүү аркылуу балдарыбыздын татыктуу келечекке тайманбай кадам ташташына колдо бар мүмкүнчүлүктөрдүн баарын жасап, тармакты өнүктүрүүнүн өзөктүү багыттарын камтыган мыкты пландарыбызды ишке ашыруу жолундабыз.
2 – суроого жооп:  -Билим берүү менен тарбиянын айырмасы – экөө тең адамзатты адамзаттык деңгээлге чыгарууга баруучу жолго жарык жандырат. Бири – билимдүүлүктү багындыруууну көрсөтүп, жаркын жашоого үндөсө, экинчиси адептик нормалардан артта калбоого чакырат. Демек куштун 2 канатындай болгон бул эки жагдай дайыма катарлаш каралуусу абзел. Анткени, алты диплому бар, бирок тарбия-таалими тайыз канча чоңдорубуз жашап жатпайбы асмандан түшкөнсүшүп, адам убалынан, келечек замбирегинен чочуп койбой. Кыргыда «билимдүү көп, билген аз» деген кеп түбүнө кеп каткан акылман ой бар. Демек, көптү билип аз пайдаланганга караганда, азыраак билгенди болсо да дайыма пайдаланган дурус. Билим менен тарбиянын уңгулаш жагы – үйрөтүү жана үйрөнүү процессинде айкалышкандыгында. Эми бул экөөнү сабакта айкалыштырып алып кетүү мугалимдин чеберчилигине жараша амалга ашат. Мисал келтирип көрөлү, тил сабагында сүйлөм түзүүгө келгенде, сөз айкаштарынын санын атап өтөөрдө «Апасы уй саап жаткан кезде музоо байлоодон бошонуп кетип «апамды жыгытып койбосун» деп Каныбек жакшы көргөн музоосун дыкаттык менен карап кармап турду» десе, окуучулар сүйлөмдөгү сөздөр менен сөз айкаштарын санаардан алдын окуяны ойлонот. Мындан алар өздөрүнө милдет алат, боорукерликке тарбияланат. Ушул сыяктуу ар бир сабакта билинбеген тарбия баланын аң сезими менен жан сезимине өзүнүн омоктуу ордун калыптандыра берүүсү шарт. Мындан сырткары тарбиялык сабактарды өтүүнү күчөтүү зарыл! Мектептин директорлору, анын орун басарлары мугалимдердин тарбиялык саттарды өтүү графигин ыңгайлуу түздүрүп, ар бирине апта сайын сөзсүз кошо катышып, ал тургай барк-беделдүү атуулдарды чакырып, ата-энелерин да катыштырып… көзөмөлдөшү абзел.
3 – суроого жооп:  -Туура баамдаган экенсиз, СИЗ айткандай демилге көтөрүп окуп жаткан мектептер бар. Негизи эле бул багытта алар дагы мамлекеттин катардагы жараны катары мамлекеттик тилди билүү зарылдыгы баарына пайда экенине туура түшүнүштү да. «Канча көп тил билсең – ошончо адамсың» дейт эмеспи. …Тилекке каршы китеп жетишпестиги көп эле жерлерде бар. Буйруса алдыдагы жылдарда бул көйгөй толугу менен чечилип, ар бир окуучу китептүү болгон кездер келет..

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ.  Жоопторуңузга ырахмат, Куштарбек мырза! Бирок, Ош шаарында канча өзбек тилдүү мектеп бар эле, анын канчасы азыр кыргыз тилине биротоло өтүп, бардык сабактарды окуп жатышат (кыргыз тилин чет тил катары эмес!..)? Мына ушул суроо баарыбызды кызыктырат.

 

эбекеБектурсун АЛИБЕКОВ. Майлуу Суу шаары, КР.  Урматтуу Қуштарбек мырза. Бүт дүнүйө ааламда қанча эркин Өлкө болсо, ошончо өз МАМЛЕКЕТТИК; Баш Мыйзам, Туу, Герб, Гимн, Тилин, (мезгилдин қай учурунда болбосун жана ааламдын қайсы чекитинде болбосун), алып жүрүүчүлөрү (носителдери) болуп, алардын ар биринин өз; Ажоосу, Өкмөт башчысы, ЖК (Парламент, Дума, Сенат.. ж.б.) Төрағасы жана қалған баардық Мамлекеттик мансапқорлору болооруу баарына бештен белгилүү эмеспи. Мына ушул баарыға белгилүү себептен улам, ааламдағы баардық эгемен Өлкөлөрдүн Ажолору, Өкмөт башчы, ЖК (Парламент, Дума, Сенат ж.б.) Төрағалары, мезгилдин қай учурунда жана ааламдын қайсы жеринде жүрүшсө да, өз МАМЛЕКЕТТИК; Баш Мыйзамдарына тайанышып, Туусун желбиретишип, Гербин көрсөтүшүп, Гимнин ырдашып, Тилинде сүйлөшүп,аларды даңазалашаары, жайылтышаары (экспансиялашаары) да талашсыз. Бул ыйық уқуқ менен милдет, БУУға мүчө ар бир эгемен Өлкөлөргө,алардын қатарында биздин Мекенибиз эркин Қырғыз Республикабызға да, бирдей таандық экендиги да, тийиштүү эл аралық протокол – документтер менен кепилденилгенин билебиз. Ошону менен эле қатар, бул эл аралық ыйық уқуқ менен милдетти дээрлик ар бир БУУға мүчө, эгемен Өлкөлөрдүн; Баш Мыйзам,Мамлекеттүүлүгүн жана МАМЛЕКЕТТИК; Туу, Герб, Гимн, Тилдерин алып жүрүүчү Ажо, Өкмөт Башчылары эч қынтықсыз амал қылышаары да баарыға маалым. Эми ушундай, эл аралық ыйық уқуқ менен милдетти биздин эгемен мекенибиз Қырғыз Республикабыздын Ажоосу менен Өкмөт Башчыларыбыздын чет элде жүргөндөгүсүн айтпайын, өз Мекенибиз эгемен Қырғыз Республикабыздын Борборунда жана аймағында, ҚРнын Мам Символикалары менен Мам.Тилин алып жүрүүчү (носитель) қатары, эгемен ҚРнын Мам.Тилдүү жарандарынын ҚРнын Мам.Тилине болғон уқуғун назарына илбей, ҚРнын Мам.Тилдүү жарандарын Орус Федерациясынын Орус МамТилдүү Чукчалары қатары басмырлашып, бөтөн өлкөдөгү Чукча улутунун МамТили болғон ОрусФедерациясынын Мамлекеттик Тилинде сүйлөп, ал тилди өз эгемен Мекенинде, өз Мам.Тилдүү Мекендештерине таңуулоосу, жайылтуусу Сизди, Мекенчил жана Тилчил ҚР Мам.Тилдүү жараны қатары ардантпайбы? Эгер ардантчу болсо, демократиялуу ҚРдағы сөз эркиндигинен пайдаланып қандай (реакция) тийиштүү жооп аракет жэ нааразычылық билдирүү жасадыңыз эле? Сыр болбосо мекендешиңиз жана улутташ -тилдешиңиз қатары жасаған реакцияңыз менен бөлүшө алаар белеңиз? Менин жасаған реакциям арық аттап суу кечпей атыр. Жоқ, эгер реакция жасооғо арзыбайт десеңиз анда себебин айтып қойо алаар белеңиз? Эгер, жеке ғана, биздин ғана, эгемен Қырғыз Республикабыздын ғана Ажо жана Өкмөт Башчысына таандық, БУУға мүчө баардық өлкөлөрдөн өзгөчөлөнгөн ынанымдуу себеп бар болчу болсо, мен да жаным тынч алып, алардын бизге бөтөн өлкөнүн Мам.Тилинде, бизди чукчасынтып сүйлөшкөндөрүн көргөндө төбө чачым тик туруп, аллергия болбой жашайынчы, мен да?. Суранам, жооп берсеңиз? Рахмат.

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп:  – Мамлекеттик тилди өлкө ичинде жайылтуу ар бир өлкөнүн ар бир жаранынын милдети болууга тийиш. Бирок бул багытта мыйзамдуу жана ыймандуу иш аркалоо абзел. А эгер мыйзамга каршы келген, ыйманга жат жорук жасап мамтилди таңуулоо же басмырлоо аркылуу жайылткысы келгендер бар болсо, алар тилдин аброюн көтөрүүнүн ордуна тескерисинче төмөндөтөт. РФнын мамтилинин жайылтылышындагы ойлоруңузду угуп, ага далилдерди кошо келтирип койсоңуз көз караш билдирүү кыйла конкреттүү болмок деген пикирге келем.

Жаран катары ардана турган маселелер аз эмес – тил тагдыры, чек ара көйгөйлөрү ж. б. Негизи эле биз башкалардын жат аракеттерин байкагандан кийин өз аракетибизди алардагы артыкбаш багыттарга арбалбаган акылман кабылдоо аркылуу жүргүзүшүбүз керек деп ойлойм. Бул тууралуу көп айтса болот… Кошунанын кою көбөйүп кетти деп көз артып карап олтурганга караганда, козу сатып алып көбөйтүүгө киришкен кыйла пайдалуу болот!

Бектурсун АЛИБЕКОВ.  Қуштарбек мырза, Сиз биздин Ажобуз менен Өкмөт Жетекчибиздин Орус Федерациясынын МамТилиндеги ҚР жарандарына жаңы жыл алдындағы ж.б. отчетторун байқамақсан болуп атқан жоқсузбу? Андан сыртқары ушул эле «Қырғы Көчү» тобу қанча фактыларды қойуп; «Анарбектер» тууралуу айқайлап эле жатпайбы? Деги қандай факт керек? Ажо қайсы Мамтилде сүйлөсө, ошол МамТилди таңуулағаны эмей эмне?

ээ 9Насыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаары, КР.  Саламатсызбы Куштарбек байке. Менин суроом төмөнкүдөй. Учурда көптөгөн чет элдик сөздөр тилчилердин же тил сүйүүчүлөрдүн жардамы менен которулуп жатат. Бирок, алар которулган бойдон калк катмарына сиңбей турат. Ушул сөздөрдү, дагы бир тактап туруп, мектеп программасына киргизип салса болбойбу? Себеби, адамга жаш кезинен баштап бир нерсени үйрөтө баштасак гана ал анын мээсине отурат. Болбосо, балдар аларды орусча үйрөнүп калгандан кийин кайра кыргызчага көндүрүш кыйын эмеспи.

2 – суроо. Сиз жазуучулар союзунда дагы экенсиз, тил кызматын да тейлейт экенсиз. Учурда кыргыз тилиндеги китептер аз. Бу жазуучулар союзу кандайдыр бир кор түзүп, ушул китеп жазып, бирок чыгара албай жүргөн жазуучуларга жардам кылып, китептерин чыгарып берип тура албайбы? Негизи жазуучулар союзунун кору бар го. Ал акчалар кайда кетет?

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп: – Лексикабызды байытууга жетишүүбүз зарыл. Которуп пайдаланууга мүмкүн болгон сөздөрдү чынында кыргызча которуп колдонгонубуз туура болот. А кээде башка тилдерден кирип калып сиңип пайдаланылып келе жаткан сөздөрдү атайлап өкүмзорлук менен которуп пайдаланууга далбас ура берүү артыкбаш аракет. Президентке караштуу малекеттил тил комиссиясынын алдында терминком иштеп келет, алардын кароосунан өткөн котормо сөздөр сөздүк катары китеп болуп жарык көрүүдө. Мына ошолорду ар бир жаранга китеп боюнча жеткирүү жеңил эмес, андыктан социалдык түйүндөр аркылуу да иш аракет жасап жайылтууну колго алуу зарылдыгы туулууда. Ал эми мектеп программасына киргизүү сунушуңуз колдоого алаарлык пикир! Бул жерде дагы айрым мүчүлүштүктөр бар, окуу китептери жыл сайын жаңы жазылып басылбайт. Кандай болбосун ушул сунушуңузду мыктылап негиздеп туруп, Билим берүү министрлиги менен Мамтилкомго жазуу жүзүндө сунушташ керек экен!
2 – суроого жооп:  Жазуучулар союзу – коомдук уюм. Ага мамлекеттен такай каржы каражат бөлүнүп турбайт. Анан калемгер калкы сынчыл да болушат эмеспи, сиз айткандай каржылык кор кармап, ал кордон туура бөлүштүрүү аркылуу китептерди ирети менен чыгарууну колго алуусу жакшы иш болмок, бирок китептерди тандоо абдан татаал. Китепти тандоонун бирдиктүү критерийи жок. Жазуучулар союзу авторлордун китебин чыгарып берүү вазийпасын аткарбайт, ага ылайык каржы кору да жок, антпегендигинин да жакшы жактары бар. Ушундай кырдаалда негизи Жазуучулар Союзу айырмаланган аракеттерди алгалатууну ойлонсо дурус болмок. Жасайлы деп белсенсе жасоо зарыл болгон иштери абдан көп, а эгер жасаганга аракеттенбесе иш көлөмү аз бойдон кала берет. Бул союзду Чыңгыз Айтматов, Жалил Садыков, Надырбек Алымбеков, Омор Султанов сындуу залкар таланттар башкарган, учурда айтылуу «Бриллиант жыландын» жаратманы Чолпонбек Абыкеев башкарууда. Ар бир облуста бөлүмдөрү иш алып барат, бирок баары акысыз эмгектенишет.
АсыранАсыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки шаары, Финляндия.  Куштарбек мырза, Ош шаары кыргыз аймагындагы эң ири экинчи шаар катары белгилүү. Ушул шаардагы мектептердин кыргыз тилге болгон мамилеси, кыргыз тилин окутуу маселеси кандай деңгээлде дей аласыз? Айтайын дегеним, Бишкектеги мектептердин басымдуу көпчүлүгү орус тилге көбүрөөк басым жасап, кыргыз тилине кайдыгер мамиле кылып жаткандары ачык эле айтылып келет. Ушул көйгөйдү кандай чечсе болот? Тилге болгон мамилени дал ушул мектеп партасынан башташ керек экени белгилүү эле болуп турбайбы, бирок ага көңүл бөлүп, баш отубуз менен киришпей жатканыбыз эмне себептен?.

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп: Асыран Айдаралиев мырза 1 эле суроого 3 маселени камтыптыр, 3 абзац менен жооп берейин:

Биринчиси:  Айталы, бир мектептеги кыргыз тили, адабияты мугалими жан далбас уруп, жаңыча методдорду колдонуп сабак өтсө, кайсы бири кайдыгер карайт. Демек, дайыма текшерип гана жолго коюудан да жеке жоопкерчиликти жан дүйнөсү менен туя билип иштеген татыктуу кадрларды көбөйтүү өзгөчө мааниге ээ.

Экинчиси:  Кыргыз тилин окутуудагы мамилени жакшыртуу боюнча бирдиктүү иш план түзүп, анын аткарылуусун такай көзөмөлдөп, жыйынтыгын талдоого алып туруу да көйгөйдү чечүүнүн бир канча жолдорунун бири. Дагы бир жолу – тилибизге болгон муктаждыкты жаратуу!..

Үчүнчүсү: «Баш отубуз менен киришпей жатканыбыздын» себептери тышкы саясатка таасири тийет деп чочулоодон жана жетекчилик эркти бул багытка кенен бурбагандыктан деп түшүнсөк болот.

 

azАтыргүл ЗАКИРОВА. Барнаул шаары, Алтай крайы. Саламатсызбы? Биз Кыргыз Республикасы башка коңшу мамлекеттер сындуу эле илгерки Советтик билим берүү системасынан баш тартып, батыштын иштеп чыккан программасы-Болонья системасы боюнча билим берүүгө өтүүнү алгач Эл аралык университет баштап, а акыркы толкуну толук бойдон 2012-жылы өтүп бүттү. Ушул система аркылуу билим берүүнүн сапаты жакшырып, эффективдүүлүгү жогорулайт деп ойлойсузбу ? Кантсе да Советтик билим берүү системасы күчтүү система катары таанылып келген эмеспи убагында, анан да бул система бизге сиңип, иштеп кете алабы ?

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп: – Баллон системасы практикаланды. Билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө ушул гана аракет аздык кылышы ыктымал. Демек, перспективалык планды коомчулуктун сунуштарын угуу менен иштеп чыгып, кадам таштоо зарылдыгы туулууда. Себеби, ар бир адамдын ою баалуу, бирок ал ойлордун аягы кандай жыйынтык берээри анализденгенден кийин амалга ашыруу башталса жаңылуу жок болот. Ал эми СССРдеги билим берүү системасы сакталыш керек деген тыянактан оолак болгонубуз оң. Эртең да бүгүнкүдөй таң атпайт эмеспи.


эууу
Уулкан АМИРАЕВА. Маскөө шаарынан, Оруссия.  Саламатсызбы Куштарбек мырза! ОШ шаарындагы кайсыл жогорку окуу жайы сапаттуу билим берет жана бүгүнкү күндүн талабына жооп бере алат? Кайсыл кесип, азыргы жашоого ылайык жана керектүү деп айта аласыз? Жазында оккуга тапшырайын деген ниетим бар, колдон келсе бюджеттик бөлүмүнө. Сизден кеңеш сураганым ушундан. Алдын ала ырахмат.
Куштарбек КИМСАНОВ: Жооп: – Бардык ЖОЖдор сапаттуу билим берүүгө аракет кылышат, анткени алардын аброю мына ошол билим сапатына да байланыштуу эмеспи. Айрымдарын айтып өтөйүн: ОГПИ, Ош МУ, Ош ТУ. Ал эми бүгүнкү талапка жооп берүү жагына келсек ар факультетте ар түрдүү деп билем.

Кесипке келсек, кайсыл кесипти жактырсаң – ошол кесип баалуу. Азыркы жашоого ылайыктуулары айымдар үчүн өзүнчө, уул балдар үчүн өзүнчө каралууга тийиш. Мындан сырткары кайсыл аймакта жашап кетишиңе да байланышат. Айылда жашаганды жактырган жан летчик же троллейбусчу болбогону дурус да. Бюджеттик бөлүмгө ЖОЖго тапшырам десең тезинен ЖРТга даярдан, ансыз студент болуу мүмкүн эмес!

Калдыбаев. Н.Нурланбек КАЛДЫБАЕВ. Ош шаарынан, КР.  Ассалому алейкум Куштарбек мырза! Көч байланышка куш келипсиз! Мен да суроомду узатып кое берейин, убактыңыз болгондо жооп берип коерсуз. Менин суроом Ош шаарындагы жалпы билим берүүнүн абалы жөнундө болмокчу. Шаардагы мектептерде билим берүүнун сапаты төмөндөп кеткендиги сизге белгилүү болсо керек…Шаарлыктардын пикири боюнча билим берүү сапаты “Олимп”, Киров, Ломоносов сыяктуу саналуу мектептерде гана талапка жооп бере алат (бирок, ал мектептерге окутуу үчун ата-энелерден өтө чоң суммадагы акча талап кылынат). Башка мектептерде да сапатты көтөрүү үчун эмне кылсак болот? Мектепте сабак берген мугалимдердин ишке кызыгуусун, жоопкерчилигин кантип көтөрсө болот? Менин уулум жөнөкөй мектепте окуса да, татыктуу билим алышын каалайт элем…Анткен себебим айылдык мектеп менен шаардык мектептин да айырмасы аз болуп жатат (айылда эми мугалим аз.. окуучулар көр тиригликке аралашышат ж.б.у.с. себептер бар), шаардык билим берүү системасында кандай көйгөйлөр бар?

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп: Нурланбек мырзанын суроосу мага кыйла таасирдүү болду. Анткени, окуянын ичиндеги көрүнүш чагылдырылыптыр. Өзүңүз билгендей Ак-Тилекте ачылган «Кыргыз-түрк достугу» атындагы № 52 мектепти «Сема», «Себаттардан» кем калбаган мектептердин катарына кошуунун жолдорун ойлонуудабыз. Жакында бул боюнча атайын отурум болот. Ал эми билим сапаты боюнча башкармалыкта мектептердин мониторинги чыгарылууда. Сиз атап өткөн мектептерден кем калбаган, бирок атагы чыкпай иштеп жаткан мектептер бар. Кантсе да бардык мектептердин билим-тарбиядагы ордун кеңейтүү жана кадырын көтөрүү, деңгээлин бийиктетүү алдыдагы айныгыс максаттарыбыздан.

Мугалимдердин ишке кызыгуусун көтөрүүдө атайын пландарыбыз бар, акырындык менен амалга ашыра баштадык. Жакында эле «Секом» билим берүү мекемесине ЖРТга тиешеси бар сабактардын мугалимдери акысыз семинар-тренингге барып келишти жана абдан жакшы таасир алгандыгын айтып жүрүшөт. Соцпедагогдордун дагы семинары болуп өтүп, анда жакшы тема тандалып талкуу болду…

Ата-энелерден мектеп эч кандай акча талап кылбайт, эгерде мугалим акча сураса анда аларга чара колдонулат. Бул жерде бир башкачараак маселе жатат. Ата-энелер фонд түзүп, ал аркылуу мектепке жардам бергиси келгендер фондго өздөрү тыйын салышат. Айрым мүмкүнчүлүгү аз ата-энелер ошол фондду түзүү ишинде катышса да, сөз атасын өлтүрүп, учурунда айтпай коюшат да, кийин «мектеп акча жыйноодо» дешет. Бул боюнча нааразылыктарды чектөө үстүндө иш алып баруудабыз.

Сиз билим берүүгө кайдыгер карабаган жан экениңизди сезип, ыраазы болуп олтурам. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, Ошто жашайт окшойсуз, убакыт таба алсаңыз, башкармалыкка келсеңиз кабыл алып кенен дидарлашат элек.

 

Aлтынай АСАНОВА. Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы Куштарбек мырза! Биринчиден жаңы жылыңыз менен куттуктайм! Экинчиден, сизге суроомду берсем Кыргызстанда мыкты, калеми курч жазуучу акындарыбыз арбын. Азыркы жаш, жаңыдан кадам таштап ырлары менен таанылган кыздарыбыз, жигиттерибиз көп болууда, мына ошол таланттуу, сөзгө бай жаш улан кыздарыбызды, жигиттерибизди колдогондор барбы? Алар үчүн жакшы сынактар өткөрүлөбү? Алардын чыныгы талантын байкоо максатында. Жана азыркы учурда «билим алуу ийне менен кудук казгандай» демекчи «билимдүү болуш оңой, а адам болуу кыйын» дейт эмеспи, ошол сыяктуу азыркы учурда жаштардын билим деңгээли кандай болуп жатат? Рахмат сизге!.

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп: – «Көздүү мончок жерде калбайт» деген кеп бар кыргызда. Жаш таланттарды колдогондор бар, бирок аз. Айрымдарын айта кетели, Орусиядагы кыргыздарды кошпогонубузда, Кыргызстанда эле «Турар» басмаканасынын директору Тилек байке жыл сайын «Арча» сыйлыгын уюштуруп, жеңүүчүсүнүн китебин акысыз чыгарып берип жатат. Буга чейин аалым Абдыкерим Муратовдун китебин чыгарганын көрдүм. Мындан сырткары айрым гезиттер конкурс жарыялаганынан кабарым бар. Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз өкмөтүнүн жаштар сыйлыгы да авторлорду колдоого багытталган. Маалымат булактарынан караса колдоо-конкурстар бар. Ал эми китеп жазгандардын баары эле шедевр жазбайт да, демөөрчүлөрдү ар ким өзүнө жараша издеп таап келе жатышат.

«Жаштардын билим деңгээли кандай болуп жатат» депсиз. Ким кандай даражада билим алып жатканына жараша болуп жатат. Изденип, ийгиликтерди багынткан балдар көп, ата-энелери да көмөктөшүп терең билимге умтулгандар бир топ. Ошол эле учурда моюнга башты жүк кылып жашап жаткандары да аз эмес. Бул көрүнүш өлкөбүздө гана эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар.

РасулРасул САЛАЙДИНОВ. Кочкордон, КР.  Саламатсызбы Куштарбек мырза! Өткөндө мектепте жыйналыш болуп ал жерде мектеп директору «Ата-энелер эмнеге балаңарга кымбат телефон алып бересиңер, эгерде балаңар мектепке телефон көтөрүп келчү болсо алып койом да кайра бербейм, 500 сом штраф төлөйсүңөр да аласыңар» – дейт.

Суроо:  Окуучу бала телефон көтөрүүгө жана мектепке алып барууга болбойбу? Директордун телефонду алып кайра бербей койгонго укугу барбы? Телефон окуучунун билим алуусуна кедерги кылабы?

Куштарбек КИМСАНОВ.  Жооп: – Окуучу мобилдик телефон колдонууга акысы бар. Бирок мектепте кээ бир окуучуларыбыз өздөрүнө да, өзгөлөргө да зыян келтирип, жолтоо болуп телефондон оюн ойноп, СМС жазып, кыскасы башкаларга тоскоолдук жараткандыктары жакшы эмес. Кымбат телефон колдонуу жаш адамдын менменсинүү сезимин пайда кылат.

Директор окуучунун телефонуна муктаж эмес, ал мектептин жетекчиси катары ар түрдүү пайдалуу методдор менен окуучуларды пайдалуу жолго багыттайт. Мобилдик телефон окуучунун татыктуу билим алуусуна эгерде ашыкча пайдаланса кедергисин тийгизет. Ал тургай адамдардын баарынын жашоосуна пайдасын берүү менен катар зыян жактары да бар экенин жакшы билесиз да. Көп колдонуу кур эле дегенде кулактын угуусун начарлатат, коңгуроо келген учурларды денеге жакын турса зыяндары көп экенин окумуштуу иликтөөчүлөр жазып келатышпайбы. Ошондуктан мектеп жамааты менен кошо, ата-энелер да бул багытка көңүл буруп, балдарынын келечеги үчүн иликтеп-изилдеп, туура жолду көрсөтүүгө милдеттүү.

 

015 cТынчтык Бек. Ош шаарынан, КР.  Арыбаңыз Куштарбек мырза. Менин биринчи суроом:  Өзүңүзгө белгилүү болгондой Ооган кыргыздары дээрлик сабатсыз. Алар балдарын бизге жиберип окуткулары келет. Эгерде ал жактан балдарын Ошко жиберсе сиздер кандай жардам бере аласыздар?
Экинчи суроом:  Жооптуу, ары түйшүктүү кызматка келгениңизден бери адабият жаатындагы чыгармачылыгыңыз кантип атат? Чыгармачылык менен кызматты кантип үзөңгүлөш бастырып, кантип айкалыштырып жатасыз?

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп: – Бул абдан маанилүү жана чоң маселе. Анткени, Ооган жериндеги окуучулардын тагдырына кайдыгер карабоого чакырык болуп жаткан менен, эки тараптуу кызматташуу чоңураак деңгээлде чечилет. Эгерде министрликтен бизге тапшырма болуп, алардын балдарын жайгаштырып билим берүү дайындалса аткарабыз. Бул маселе боюнча укуктук-мыйзамдык ченемдерди юристтерибиз карап көрүшү зарыл. Кээде жакшылык кылабыз деп ката кетирип алган учурлар болот го. Демек, аларды бул жактан колдоо аркылуу алардын кайсыл максаттарына жолтоо болуп коюшубуз мүмкүн деген жагын да ой элегинен өткөрүү шарт. Аягында айтаарым, билим берүү мекемеси бир гана Ош шаарында эмес да, андыктан бизден башка да башкармалыктар бар экенин эске алып, биз түздөн-түз баш ийген министрлигибизге тиешелүү кайрылуу түшсө алар мыйзамдуулугун карап, жагдайга жараша жардам бере алат!

2 – суроого жооп:  – Чыгармачылык ишти кызматтагы муктаждыктарга арнап жатканыбыздан улам жакшы демилге-идеялар ишке ашып жатат. Ал эми адабият – менин жан дүйнөм. Андан түбөлүккө алыстап кете албайбыз. Бирок, кызматка багытталуучу убакытта адабият четте калууда. Дем алыш күндөрү да ишке байланышкан маселелер менен алектенип жатабыз. Кыскасы, иретке салып алганга чейин ушундай иш көлөмү көп болсо керек деп турабыз.

РайкүлРайкүл АЙДАРАЛИЕВА. Бишкек шаарынан, КР.  Азыр ар бир мектеп жашындагы балдар сотка, ноутбук, планшет көтөрүп жүрүшөт. Информатика сабагына кошумча саат киргизсе жакшы болот эле. Ушул маселеге кандай карайсыз? Анан эсепкерлерге (компьютер) жана уйулдук телефондорго кыргыз ӨҢҮ_тамгаларын кандай орнотуп, жайгаштыраары жөнүндө маалымат берип баштасаңыздар жакшы болот эле..

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп:  – Заманбап маселе менен кайрылыпсыз, рахмат! Аталган предметке кошумча саат киргизүүнү өз алдыбызча чече албайбыз, муну Билим берүү жана илим министрлиги чечет. Мамлекеттик окуу стандартына дал келсе, сабактардын санын азайтуу же көбөйтүүнү бизге буйрук түрүндө берет. Бирок, кол куушуруп олтура бербей, аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк бар. Айталы, мектептерде «кружок» деген түшүнүк жашайт. Аны мектеп жамааты макулдашуу жолу менен зарылдыгына жараша предметтерге бөлүштүрүп маселени чечсе болот.

Ал эми кыргыз тамгалары болгон ө, ү, ң. боюнча мугалимдер гана эмес, окуучулар деле билип калышты да. Эч кай жактан алып келип, эч кандай тамга орнотпой туруп эле символдон жайгаштырып алуу менен максатына жетүүгө акысыз мүмкүнчүлүк бар. Балким, айрым кадрлар муну билишпесе апта сайын предметниктердин күнү белгиленген жана анда ар түрдүү зарылдыктар боюнча талкууда суроо таштаса учурунда жооп алышат жана маселелери чечилет. Азыркы күндө ансыз да мектептерди жаңы технологияга ыктоого үндөп жатабыз.

 

эжамилаАзизбек АСАБАЛА. Маскөө шаарынан, Оруссия.  Ассалоомуалейкум Куштарбек мырза!

1. Акыркы учурда мектеп жашындагы балдардын окууга барбай калышы, кыргыз тилин окутуу солгундашы, олимпиядаларда (окуучулар арасында өтүүчү) коррупциянын өсүүсү чоң түйшүк жаратууда сиздин пикириңиз кандай?

2.  Бирдиктүү мектеп формасы( кийим кечесине байланыштуу) керекпи ?

3. Окуучулардын билим деңгээлин өстүрүү үчүн эмне керек,мектеп рекеттерин кантип токтотобуз?

Куштарбек КИМСАНОВ. Жооп:  1. – Бул боюнча ар бир адам жеке жоопкерчиликти мыкты сезип, чынжыр болуп аракеттер уланса иш илгерилейт. Мектепке барбай калган балдардын келечегине камылга көрүү коомчулуктун да абийир жоопкерчилигине кирет да. Кыргыз тилиндеги окутуу солгундады дегенди кандай карасак болот, балким ар чөлкөмдө ар түрдүүдүр, сурооңуз абдан маанилүү. Олимпиадада коррупция дегенди кармаш керек! Деги эле бардык тармак бири-бирине ак дилден жардам бергенде гана жакшы жаңылануулар жана өзгөрүүлөр тездейт.

2. – Бирдиктүү мектеп формасы керек. Анткени, окуучуларыбыз мугалимдерден кымбат кийинип жүргөн кездер көпчүлүккө көрүнүп келе жатпайбы. Айрым окуучу кыздар оронуп жоолук салынышса, айрымдары тизеден өйдө кыска кийинсе, бул деген иретке келиши зарыл болгон иш да. Алтын тагынган айрым окуучулар өздөрүн асманда сезет, тарбия-таалимди өздөштүрүүдөн мурда менсенсинүүгө конок беришет.

3. – Окуучулардын билим деңгээлин өстүрү үчүн көп нерселер керек. Эмгек, китеп, чечкиндүү аракет, заманбап шарт ж. б. Мектеп рэкети менен күрөш дүйнө жүзүндө жүрүп жатат, аны түптамырынан бери жок кылган кездер келет деп үмүт артып, жагдайга жараша салым кошуп жатабыз.


«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган эркин журналист Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия, Келсинки шаары. 1-2-февраль, 2014-жыл.