Үмүт..

Бахти fhКүн түшкө жакындап калганына карабай жаңы эле ордумдан турдум. Эл сыяктуу дасторкон жасаганга камынып, азык-түлүктү муздаткычка толтуруп койгонум менен, али уктоочу көйнөгүмдү чечпей, чоң жоолукту далыма жамынып алып терезеден короону карап турганыма жарым сааттай болуп калды.

Учкундап кар жаап турат… Көптөн бери кар көрө элек кара жерге жай баракат каалгып түшкөн бүртүкчөлөр, айлананы тирукмуштай кооздукка бөлөп турду. Жаңы жылды карсыз тособузбу деп бушайман болгондордун да маанайы жайдары. Торт, салют, баштык көтөргөн эле адамдар. Алдынан чыккан колу-коңшулары менен жаркылдап учурашып, бири-бирин куттукташат.  Эх чиркин, адамдар дайыма эле ушундай болушсачы.

Бүгүнкүгө канчалык өзүмдү даярдаганым менен дале ойлорумдан алыс кете албай турам. Терезени чооң ачтым,  аркыраган кышкы желге аптыга түштүм. Колумду сыртка сундум. Кадимки жылдыздай болуп көз жоосун алган кар бүртүкчөлөрү алаканыма түшүп жатты, түшөөрү менен жаңы келген келиндин уялганындай, ысык алаканыма туруштук бере албай эрип кетет.


Экөөбүздүн сансыз окуяларыбыздын бирин эстедим. Дал ушинтип кар жаап турган,суук. Жумуштан чыктым, ушул ит өлчү суукка карабай бир топтон бери күтүп турган сенин, моюн ороочуң менен тумагыңдан жылтырап эле көзүң көрүнөт. Жарк деп күлүп саламдаштың. Адатыбызча жөө басалы дедик. Элдин баары жумуштан чыккан кез, караңгы кирип калса да шаар көчөлөрү жаркырап, аппак карга чагылган жарыктар миң түс берип кубулуп, маанайды көтөрөт.

Мээлей кийип баратасың, а мен өзүмдүкүн шашып атып эрте менен эле үйгө унутуп калыптырмын. Менин колумда мээлей жок экенин көрүп туруп, жылмайып өз мээлейиңди көрсөттүң. Күлүмсүрөп башымды ийкесем, сен да ошол тейде башыңды чайкадың. Ишаарат кылып пальтоңдун чөнтөгүн көрсөттүң,анан колуңдагы мээлейди чечтиң да ары турган бактын бутагына иле салып, манжаларыңды чоң ачып,абада менин колумду кармадың да суроолу карап жылмайып турдуң. Ушунчалык жагымдуу элең… Ичим эзилип турса да эмнегедир эл көп жерде жетелешип жүргөндү жактырбаган жаным эреркей бултуя баш чайкадым. Сен ансыз да бакырайган көздөрүңдү чооң ачтың (бул ачууң келгенинин биринчи белгиси эле) . Ага карабай колумду сенин чөнтөгүңө салбай көгөрүп туруп алдым. Арыда турган аялдаманын муздак отургучуна барып отурдуң да:


– Дайыма эле ушинте бересиң,эмнеге жетелешип жүргүң келбейт?- дедиң кабагыңды салып. Оңгулуктуу жооп таппай турсам да өзүмдүкүн бербей,

– Жүр кетели – дедим.

– Жок, дедиң кесе айтып. Сен мени менен жетелешип жүрөм мындан ары – деп сөз бересиң, анан кетебиз – дедиң..

Экөөбүз тең ушунчалык кашкөйбүз, мен да өзүмдүкүн бергим келген жок. Бир аз турдум да, акырындап басып жолумду улай бердим. А сен ошол аялдамада калып калдың.

Кызык, мына ушундай бала кыял эле биздин мамилебиз,сезимдерибиз… бирок кайра эле жарым саат өтпөй табышып алчубуз…

Баарын түшүнүп турсам да, жүрөгүмдүн түпкүрүндө бул күндөн бала кезимдегидей сыйкыр күтүп турдум. Телефонум да күндөгүдөн активдүү өз милдетин аткарып жатты. Улам болгон чалуулар,келген каттар.., бирок,мен күткөн жалгыз коңгуроо эмес.

Сыртта түн демейдегиден жандуу, майрамдын шаңы сезилет. Алысыраактан гитара менен ырдаган шаңдуу ырлар, каткырык күлкүлөр угулат.


А мага стол үстүндөгү шампан менен эки бокал жана тээ бурчта жалтыраган балаты гана улам-улам жаңы жыл экенин эстетип тургандай. Дос-туугандын чакыруусунан баш тартып, жалгыз тосуп жатканымдын да купуя себеби бар эле. Чиркин, үмүт деген үзүлбөгөн неме экен да, азыр саат жебеси он экини какканда тиги турган бокалдардын бирине гана шампан куюлары айдан ачык болсо да эмнегедир экөөнү коюп койдум.

Ой оой, ойлорума туна түшкөн экенмин,жаңы жылдын кирип келишине 8 мүнөт гана убакыт калган тура. Шашыла телевизорду күйгүздүм. Салтка айланган президенттин куттуктоосунан соң эл сыяктуу шампан ачтым. Дагы бир сөзүң эсиме түштү. Мен спирт ичимдиктерин иче албайм го деген сөзүмө “мен бар жерде бир аз вино же шампандан уурттап койсоң болот” – дегениң.

Тегеректин баары жаркылдап салюттар атылып жатты. Кыркалекей тизилген көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын баары короого чыгып алгандай шайыр шаңдуу кыйкырыктар… Мына, жаңы жыл да кирип келди, бирок мен күткөн сыйкыр болгон жок…

Удаа, удаа басылган каалганын коңгуроосунан денем дүркүрөп кетти, кантип жетип эшикти ачып жибергенимди билбей калдым. Жаааа- ңы жы-лыыыыың мен- еееееееен!!!! деп кыйкырып, баштарына сантанын баш кийимин баса кийип, жалтырактарга оронгон курдаштарым тапырап кирип келишти.


-Ой мен билгем, айттым, ал баарибир жалгыз тосот жаңы жылды десем булар ишенбей жаткан, сени туугандарыныкына кетип калды болуш керек деп. Айттым беле, чалбай этпей барып сюрприз кылалы деп айткааам деп токтобой чебелектеген Гүлүм. Колундагы торт менен белекти мага кармата салды да пальтосун чечип илип, башкаларды да тейлеп жибергенге жетишти. Шарактап каалоо тилектер айтылып жатты. Бүгүнкү өткөргөн күндөрүнөн күлкүлүү учурларын эстеп, айтор досторум жайдары. Сааттын жебеси 3төн өтүп барат, дале куттуктоолордун аягы тыйыла элек. Баарына майрамдык маанайда жооп бергенге аракеттенип жаттым. Бирок…мен күткөн коңгуроо, жок дегенде жөн гана эки ооз сөз жазылган кат, али келе элек…

Арыда турган гитараны колума алдым да “достор, жаңы жылыңар менен, каршы болбосоңор ырдап берейин” дедим. Шарактаган досторум басыла түшүштү.

Оо, албетте, сенин өзүң ырдайм дегениң бул өтө сейрек кездешчу учур, кана,кана деген Сабыр оң жагыма келип отура кетти. Гүлүм менен Акинай да орун алышты.

Кат жазчы мага,

аз калган биздин өмүрдө,

Дил бурак арнап,

Токтонуп калган көңүлгө..


Шамшыбек Өтөбаевдин аткаруусундагы бул ырды экөөбүз канча ирээт тамшанып укпадык. Мен колума гитара алганда эле сенин суранган ырың ушул боло турган. “Гитара черткен кыздар аз,бул сага абдан жарашат, а ырдаганга анчейин көңүл койбой жатпайсыңбы, үнүң керемет” – деп мактап эле турчусуң. Көзүмдөн аккан ысык жашты башкара албай калдым. Токтобой үч жолу катар ырдадым. Демин ичине катып угуп отурган конокторумдун да маанайын буздум окшойт. Ыңгайсыз боло түштүм. Бирок дээринен зирек Акинай “эх достор келгилечи, керемет музыка үчүн тост көтөрөлү” деди да балаты ырын кыңылдап, балдай таттуу сөздөрүн жаадырып, арасында күлдүрүп тостту айтып абалды түзөп кетти.

Достор менен коштошуп,алардын чакыруусунан сыпайы баш тартып отуруп кайрадан жалгыз калдым.

Таң атып барат, айлана эч нерсе болбогондой тынчып калды. Сыртка чыктым, кар токтоп калыптыр, короодогу балдардын селкинчегине барып отурдум, таңкы суук кадыресе өкүмүн жүргүзүп жаткан экен. Жылдыздар жайнайт, демек эртең күн ачык болот экен да деп койдум күбүрөнүп. Ичимди өрттөгөн кусалык, канчалык алаксыйын десем да болбой бул жерге да ээрчип түшүп алгандай.

Сагындыыыыыыым……. деп кыйкыргым келип турду. ..

Селкинчектин чатырчасынын устунуна илинген коенектин матадан тигилген кулагы турат, сыягы күндүз балдар унутуп кетсе керек. Эч максатсыз алып кийип, карга түшкөн көлөкөмдү карадым.

Бир эки, бир эки… коенду туурап секиримиш болдум,өзүмө өзүмдүн күлкүм келди, ызамдан. Кулакты ордуна илип бурула бергенимде, көргөн көзүмө ишенбейм… Бир кучак гүл көтөрүп, адатыңча жылмая карап сен турасың…

 

Айтурган САТИЕВА. Журналист, Бишкек шаары.

One thought on “Үмүт..

Leave a Reply to Бектурсун Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *