Dec 31

Жылдын сыйлыгы – Көчмөндөрдүн сыймыгы!.

****************************************************************************************************************
ААЛАМТОР АЙДЫҢЫНДА ФЕЙСБУК СОЦИАЛДЫК ТҮЙҮНҮНДӨГҮ «КЫРГЫЗ КӨЧҮ» МЕКЕНЧИЛДЕР ТОБУНУН ЖЫЛАН ЖЫЛЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО МАКСАТЫНДА ӨТКӨРГӨН АТАЙЫН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИНЕН АЛЫНГАН ЭСТЕ КАЛААРЛЫК СҮРТҮМДӨР!

2013-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарындагы «Азия Ордо» ресторанында болуп өткөн «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жолугушуу кечесинде аталган топтун жыл бойу уйуштуруп келген ар кандай өңүттөгү кароо-сынактарынын жыйынтыгы бойунча алдыга озуп чыгышып, байгелүү орундарга жетишкен жеңүүчүлөрүнө «Ардак грамоталар» жана атайын дайардалган сыйлыктар, чакан белек-бечкектер тапшырылды.

Баш байгенин ээси Гүлшат Бахтияр кызы менен топтун администратору Нурзат Мокеновна.

Баш байгенин ээси Гүлшат БАХТИЯР кызы менен админ. Нурзат МОКЕНОВНА.

Төмөндөгү тизмеде «Ааламда Тынчтык» аттуу «Көркөм сүрөт сынакта» байгелүү орунга жетишип, акчалай сыйлык алышкан төгөрөктүн төрт бурчунда жашашкан кичинекей бөбөктөр. «Сүрөт сынак» 2013-жылдын 1-октябрынан 6-ноябрына чейин өткөрүлүп 7-ноябрь Басма сөз  күнүнө карата жыйынтыкталган.

1. Гүлшат БАХТИЯР кызы, 9 жашта, «Нооруз – Тынчтык майрамы» – Баш байгенин ээси – 120 доллар. Бишкек шаарында жашайт.
2. Диана ТАЙГҮРӨҢОВА, 6 жашта, «Атам менен апам» – 80 доллар. АКШ, Нью Йоркто жашайт.
3. Миңдуулат КАЛЫБЕКОВ,
4,5 жашта, «Согуш жаман» – 80-доллар. Атлантада жашайт.

Топтун Бишкек шаарындагы координатору Райкүл АЙДАРАЛИЕВА Бегимайдын белегин тапшырууда.

Топтун Бишкек шаарындагы координатору Райкүл АЙДАРАЛИЕВА Бегимайдын белегин тапшырууда.

4. Айназик БЕЙШЕКЕЕВА, 5 жашта, «Тынчтык»«Тынчтык» –  50 доллар. КР, Каракол шаарында жашайт.
5. Габриеле КАДЫРБЕК уулу, 6 жашта, «Мен жана Атам» –  40 доллар. Италия, Римде жашайт.
6. Асема АЖИМАТОВА, 6 жашта, «Жай» – 30 доллар.  КР, Ош шаарында жашайт.
7. Бегимай АЛМАЗБЕК кызы, 14 жашта, «Көпөлөк бейиш» – 25 доллар.  КР, Бишкекте жашайт.
Бегимай менен Гүлшаттан башка калган беш жеңүүчүбүз дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүндө жана шаарларында жашагандыктан өздөрүнө тиешелүү байгелерин өз учурунда колдоруна тапшырып бергендигибизди белгилеп кетмекчибиз.

001883

 

Чолпонбек АБЫКЕЕВ Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВГО сыйлыгын тапшырууда.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВГО сыйлыгын тапшырууда.

1- ДЕКАБРДАН 20-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН ӨТКӨРҮЛГӨН “ЖЫЛ СЫНАК” АТТУУ АТАЙЫН АКЫНДАРДЫН «ЫР СЫНАГЫНАН» АЛДЫҢКЫ БЕШ ОРУНГА ЭЭ БОЛУШКАН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ:

1 – орун:  Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ.   Жылдын мыкты акыны, «Алтын калем» номинациясын ыйгаруу менен КР Президентинин алдындагы кыргыз тил бойунча Улуттук комиссиясынын “Ардак громатасы”, КР Улуттук Жазуучулар сойузунун “Ардак диплому” жана «Ыйман Нуру» партиясынын «Ардак громатасы», залкар талант, акын Байдылда САРНОГОЕВДИН басмадан жаңы чыккан «Ашуудан берген отчетум» аттуу китеби менен сыйланды.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ Акбар КУБАНЫЧБЕКОВГО сыйлыгын тапшырууда.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ Акбар КУБАНЫЧБЕКОВГО сыйлыгын тапшырууда.

2 – орун:   Акбар КУБАНЫЧБЕКОВ. «Күмүш сап» номинациясын ыйгаруу менен КР Президентинин алдындагы кыргыз тил бойунча Улуттук комиссиясынын  “Ардак громатасы”, КР Улуттук Жазуучулар сойузунун жана «Ыйман Нуру» партиясынын «Ардак громаталары» жана залкар талант, акын Байдылда САРНОГОЕВДИН басмадан жаңы чыккан «Ашуудан берген отчетум» аттуу китеби менен сыйланды.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВГЕ сыйлыгын тапшырууда.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВГЕ сыйлыгын тапшырууда.

3 – орун:   Мелис МАМАТЖАНОВ. «Күлүк сап» номинациясын тапшыруу менен КР Президентинин алдындагы кыргыз тил бойунчаУлуттук комиссиясынын, КР УлуттукЖазуучулар сойузунун жана «Ыйман Нуру» партиясынын «Ардак громаталары» жана залкар талант, акын Байдылда САРНОГОЕВДИН басмадан жаңы чыккан «Ашуудан берген отчетум» аттуу китеби менен сыйланды.

Чолпон ТҮМӨНБАЕВА Ыр сынак жеңүүчүлөрүн жана Көчмөндөрдү жаңы жылы менен куттуктоодо.

Чолпон ТҮМӨНБАЕВА Ыр сынак жеңүүчүлөрүн жана Көчмөндөрдү жаңы жылы менен куттуктоодо.

4 – орун:  Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ.  КР Президентинин алдындагы кыргыз тил бойунча Улуттук комиссиясынын “Ардак громатасы”, КР Улуттук Жазуучулар сойузунун жана «Ыйман Нуру» партиясынын «Ардак громаталары» жана  залкар талант, акын Байдылда САРНОГОЕВДИН басмадан жаңы чыккан «Ашуудан берген отчетум» аттуу китеби китебименен сыйланды.

Карлыгач САРНОГОЕВА атасы Байдылда САРНОГОЕВДИН китебин тапшырууда.

Карлыгач САРНОГОЕВА атасы Байдылда САРНОГОЕВДИН китебин тапшырууда.

5 – орун:   Аида САДЫКОВА.
КР Президентинин алдындагы кыргыз тил бойунча Улуттук комиссиясынын, КР Улуттук Жазуучулар сойузунун жана «Ыйман Нуру» партиясынын «Ардак громаталары» жана залкар талант, акын Байдылда САРНОГОЕВДИН басмадан жаңы чыккан «Ашуудан берген отчетум» аттуу китеби менен сыйланды.

Сынак 2
Жогорудагы баалуу сыйлыктарды жана «Ардак грамоталарды» КР Президентинин алдындагы кыргыз тил бойунча Улуттук Тил комиссиясынын төрага орун басары Чолпон ТҮМӨНБАЕВА, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Сойузунун төрагасы Чолпонбек АБЫКЕЕВ жана «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана Өнүгүү сайасый партиясынын төрагасы Раис АЛЫМКУЛОВдор келип куттуктап, расмий тапшырып кетишти. Ал эми айтылуу залкар акын Байдылда САРНОГОЕВДИН байбичеси Зина апанын кол тамгасы койулган «Ашуудан берген отчетум» аттуу китебин акындын кызы Карлыгач САРНОГОЕВА сыйлык ээлерине өз колу менен тапшырды.

"Ыр Сынакта" 3-орунду ээлеген Мелис Маматжановдун атасы Маматжан ТОПЧУБАЕВГЕ уулунун сыйлыгы тапшырылууда.

“Ыр Сынакта” 3-орунду ээлеген Мелис Маматжановдун атасы Маматжан ТОПЧУБАЕВГЕ уулунун сыйлыгы тапшырылууда.

Көчмөндөрдүн көңүлдүү кечесинин көркүн ачкан дүйүм тамак алдында.

“Көчмөндөрдүн” көңүлдүү кечесинин көркүн ачкан дүйүм тамак алдында.

1536437_558086764281820_804895041_n

тили

Дайардаган Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Келсинки шаары. 30.12.2013-жыл. Сүрөттөрдүн автору акын Алтынай ТЕМИРОВА. Бишкек шаары.

*****************************************************************************************************************

 

Dec 30

Жылан жылы, жыйынтык..

«ЧОКУ БОЛОТ ТООЛОРДУН БИЙИК ЖЕРИ,
ЧОКУДАЙ БОЛ, КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ!..»

Узап бараткан жылдын Жыландар ханышасы буйруса бизге жагымдуу, уюткулуу саамалыктарын тартуулап, эсибизде жылуу элестери, эскерүүлөрү менен сакталып калды. Ырасын айтканда, ар бирибиздин алтын башыбызда турган аманчылыктарыбызга, жалпы журт ичиндеги тынччылыгыбызга, жылмайган ийгиликтерибизге,жан- дүйнөбүзгө тамчыдай кошулган рухий азыктарыбызга, негизи эле жакшылык жылоологон күндөрүбүзгө чексиз ыраазычылыктарыбызды кабаттап айтсак да жараша турган жылдыздуу жылдардан болду. Ушул айдын аягында улуттук маданиятыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымдары менен элдин алкышына арзыган азаматтарыбыз Асыран ага менен Элбек мырзанын ой-тилеги, максаты бир болгон ааламтордогу аракеттеринин жемиштүү жыйынтыктарын белгилеп өттүк. Бул «Кыргыз Көчү» тобунун «Ыр сынагынын» жана «Кыз-жигиттер айтышынын» жеңүүчүлөрүн аныктоодогу, болгондо да кызыктуу, «табыштактуу таланттардын» «туяктарынын дабышын» тыңдоодогу калыстардын жоопкерчиликтүү чечиминин натыйжасында алган сыйлыктарын тапшыруу салтанаты эле…

0_1a365c_5491f2c3_L
Кылымдарга кыярбас «Кыргыз Көчүнүн» кымбат ой-тилектерин, эң ириде Эне тилдин кадырына кабыргасы кайыша какшаса да, кабагым-кашым дебей, каадаланып кадыр күтпөй, кары-жашы менен тегиз ынак мамилеси бар, тилибиздин түгөнбөс түйшүктөрүн чечүүдө тер төгүп келаткан ардактуу Асыран АЙДАРАЛИЕВ агабыз жетектеген ушул топтун мүчөлөрү жаңы жылга арналган «Ыр сынактын» жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземине катышуу үчүн «Азия Ордо» ресторанынын жаңы жылдык маанай тартуулаган жаркыраган чоң залына чогулушту. Кечеге КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынан Чолпон ТҮМӨНБАЕВА жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек АБЫКЕЕВ, «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана Өнүгүү саясий партиясынын төрагасы Раис АЛЫМКУЛОВДОР келишип, «Ыр сынактын» жеңүүчүлөрүнө атайын Ардак громаталарын салтанаттуу тапшырып ийгилик каалашты. Залкар акын Байдылда атабыздын кызы Карлыгач САРНОГОЕВА «Ашуудан берген отчетум» аттуу жаңы чыккан китеби менен жеңүүчүлөрдү сыйлаганы өзүнчө бир сыймык болду. Мындан тышкары «Ааламда Тынчтык» аттуу жаш жеткинчектердин «Сүрөт сынагындагы» кичинекей эки жеңүүчү кыздарыбыз Гүлшат менен Бегимайга делген атайын акчалай сыйлыктары да тапшырылды. Ошол кечеде төрдүн көркүн ачып алыстан ат арытып келген, жарыштан баарын жеңген, Бакай атадай ак батасын аябай берген Айтмырза агабызга, эң кичинекей кѳчмѳн кыздарыбыз байчечекейдей Бегимай менен Гүлшатка алгач ыраазычылык билдиргибиз келет. Андан сырткары калыстар тобунун атынан келген белгилүү, талантуу акындарыбыз  Алтынай ТЕМИРОВА эжеге, Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ мырзабызга кечеге келип бергендиктери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Күттүргөн күн да келип белектерин алган соң акындарыбыздын ыр окуганына кулак төшөдүк. Ооба, жазылган ыр сабаттуу, окулганда канаттуу болуп «боёгуна» чыга түшкөндөй таасир калтырды. Ааламтордун ушул кереметине ченемсиз шүгүр, кээ бир илинген ырлардан ырахат алабыз, ээсине ыраазы болуп калабыз, а бирок алардын «ыр көшөгөсүнүн» артында жашынган жылуу жүздөрү бизге табышмак бойдон калар эле. Мына ушул кечеде Айтмырза агабыздын нарктуу сөздөрүнүн, тамаша «тамчыларынын» артындагы салабаттуу турпаты, жүзүнө куп жарашкан куудай чачы, жанына ээрчитип жүргөн балпайган байбичеси менен бактылуу карылыктын касиетин алып жүргөн дөөлөттүү адамдар экенини билинип апакай суктанып турдук.

933909_187026288171352_531612602_nӨзү алыста жүрсө да ыр сынака катышып жеңүүчү болгон Мелис МАМАТЖАНОВ мырзанын атасы келип уулунун ийгилигине сыймыктанып турган абалына күбө болдук. Адамгерчиликтүү, кээде баладай таза күлкүсү менен суктандырган, мүнөзү жөнөкөй, ырлары татаал түшүнүк камтыган Алтынай эжебизди, оюна жарашкан зыңгыраган бою бар, баатыр сындуу, кылычтай курч ыр жазган кымбаттуу акын Жыргалбек мырзабызды, эң назик сезим кылдарын аяр черткен саптарында кыз адебине таандык наздуулугу, мээримдүүлүгү, сөздүн жакшы маанисинде эркелиги, сырдуулугу сакталган, ийнеликтей ипичке сымбатына сыйбай, сыртка оргуштаган чоң таланты бар чолпон жылдыздай Калича кызыбызды, ыр жазса төгүлүп кеткен, ырларындай ыйманы ысык, кичипейил, зымпыйган жылдыздуу жигитибиз Бердибекти, келишкен келбети бар, ыр жазуу менен бирге комузда кол ойнотуп обон созгон да таланты бар азаматыбыз ээ 7Акбарды, балбан билек, бардыгына даяр турган, дил билги, таланттуу Бахтыярдай мырзабызды жана башка жылуу жүздөрү жайнаган, жүрөгү кыргыз деп соккон «Кыргыз Көчүнүн» ар бир кыймылына жигердүү катышып, оор жүктөрүн мойнуна алган Райкүл, Гүлжакан эже, Чынара, Хатира, Нурзат, Рысайым, Самара, Асылкан, Мээрим сыяктуу кыздарыбызды (аты аталбагандардан кечирим сурайбыз) жолуктурган дал ушул «Ыр сынактын» улуу буйругу болду окшойт, булардын аттарын сыймыктануу менен атап кеткибиз келет. Ал эми алыста жүрүп желектей желбиреген жүрөгү менен жан-дүйнөсү Ала-Тоодо айланчыктап турган Асыран аганын алп тилегинин бир үзүмү бүгүнкү кечеде орундалып, элдин алкышына арзып турганына биз тиркеген сүрөттөр күбө болуп берерине ишенебиз! Кечеде бийдин көркүн ачкан Бактыяр, Рысайым, Мундуз, Хатира, Самара аттуу кыз-жигиттерибиз «гүлдөйжан» болушту. Ырчы жигитибиз Мерген Турган, Хельсинкиден атайын «Кыргыз Көчүн» издеп келген Аяз Ата менен Аяз кызыбыз маанайыбызды көтөрүп кетишти… Ырахмат Асыран ага, көп жашаңыз, бардык көчмөндөрүңүз, жалпы журтуңуз менен бакубат өмүр сүрүңүз!.

*****************************************************************************************************************

1483083_187026291504685_1406442730_nАаламтор айдыңында “Кыз-жигиттер айтышы” тайпасын түптөп, айтыштын азыркы заманга бап башкача “формасын” киргизип, кары-жашына карабай төгөрөктүн төрт бурчунда жүргөн кыргыздарыбыздын башын бириктирип,ичинен таланттууларын иргеп, жыйынтыгында жарыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу салтанатын уюштурган Базаров Элбек мырзабыз да алыста жүргөнүнө карабай мекенчил жүрөгү менен мезгилдин сыноосунан татыктуу өтүп келатат. Улуттук тамак-аштарды даңазалаган “Таш кордо” кафесинде дал ушул декабрь айынын 22 синде айтыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземине болуп өткөн эле. Ошол кечеге келип берген “Акыйкат Жолу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бүбүбайша Арстанбекова эжекебизге, айтыштын атактуу ак таңдай акындары Элмирбек, Азамат аттуу эл уулдарына, таланттуу, элдин сүймөнчүк акыны Зайырбек акыныбызга ыраазычылыктарыбызды билдиребиз. Алардын келип бергенинин өзү эле жаштарга зор үлгү, дем-шык, кубаныч тартуулады десек болот. Бул айтыштын өзү да эскерүүдө эң сонун жагымдуу маанай тартуулай турган жүрүш менен жыйынтыкталган эле. “Адам жүзү сөзү менен чагылат” дегендей эле буларды көрбөй-билбей, укпай-тааныбай туруп баалап коюу деле чынында “оңойго” турган жок…

1521755_187026618171319_1156491143_nКечеде биздин төкмө акындарыбыз катышуучуларга каалоо-тилектерин билдирип, Элмирбек уулубуз комуздун коштоосунда өзүнүн ырларынан ырдап берди. “Сүйүү” темасын талашып жазган ырларын окуп жаткан жаштарга бул ыйык сезимдин кандай болорун, кантип баркталарын, кантип даңкталарын далилдеп Бүбүайша эжебиз өзүнүн ырын окуп берди. Залды жымжырттыкка бөлөп, балалык назик үнү менен атасынын ырын көркөм окуп берген Зайырбек акыныбыздын кызы көңүлгө жылуулук уютту. Ырды жазып, аны адамдарга жеткире айтып берүү жагынан акындарыбыз ар кандай болот, бирок ушул жагынан алганда Зайырбекке Кудайым эки талантты кошо бергендей, жазганда да, окуганда да аска башында учууга октолуп турган бүркүттөй абалга келгенин байкадык. Бул сынактын жүрүшүндө калыстар тобунун төрайымы Миргүл эже экөөбүз катышуучулардын биз байкаган мүнөзүнө жараша ат коюп койгон элек. Жеңишке ээ болгон Асейин жигитибиз чынында жүзүндѳ күлкү ойногон, жапакеч, жайдары, шар жүргѳн жигит экен, ага койгон атыбыз жарашчудай, анткени айтыштын жүрүшүндѳ азоо тайдай ары-бери туйлап барып жорголоп кеткен эле “Эрке Шок” деген ысымдуу болгон. Ал эми Мират жигитибиз ѳзүнүн бир сырдуулугу, сабырдуулугу, табышмактуулугу менен айырмаланган, ага “Сырдуу мырза” деген ат туура келди. Ѳзүнѳ окшоп кѳп сүйлѳбѳгѳн, кѳк тиреген бою бар жылдыздуу инисине анын сыйлыгын тапшыруу бизге буйруптур, ѳзүбүздүн да бере турган сыйлыгыбыз профессор Сулайман Кайыпов агайыбыздын “Жок жерден жомок жаралбайт” деген китеби эле, аны Мираттын ѳз колуна берейин деп чечтик, Альфиза кызыбызды да ошол белек күтѳт, ал “Күлбѳс кыз” атка конду. Бардык жагынан шыгы бар, ыр жазат, айтышат, созолонтуп ырдайт, колунан келген жардамын аябай чуркап жүргѳн Чынарага – Кан Айым деген ат жарашты. Айтышса да тѳгүлгѳн, тирешсе да тѳгүлгѳн Гүлжигитти – Нѳшѳр деп койдук. “Ата Журт кыйын күнгѳ кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга” дегендей, Элбек – Чагылган болду. Миргүл эже Датка Айым аталды. Ошентип, айтыштын сапары карып, ошол катышуучулардын дарман күчүн кечеден байкап отурдук. Ички кубаты, дарамети, мүнѳзү сыртынан сезилип, кѳрүнүп турган Асемгүл деген кызыбыз менен Гүлжигитибиз бийдин, кеченин кѳркүн чыгарышты.Элбектин “жеңилин жерден, оорун колдон алып” чуркап жүргѳн азаматтарыбызга алкыш!
Баарыңыздарды жаңы-жылыңыздар менен куттуктайбыз! БАР БОЛОЛУ, БИР БОЛОЛУ!!!

Бакыт МЫРЗАТАЕВА. «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун администратору.

Dec 27

«Эл сыймыгы»

*****************************************************************************************************************

КЫРГЫЗ ӨҢҮ_СҮЙМӨНКУЛДУН ӨҢҮ_НДӨЙ!

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин!»
Аалы ТОКОМБАЕВ (Балка)

«Кыргыз Көчү» тобу кыргызынын атын алайга, даңкын далайга чыгарып, учурунда унчукпай-этпей эле эли үчүн эмгек этип, тер төгүп кызмат кылып кеткен чыгаан уул- кыздарын эскерип, ушундай улууларын байма-бай даңазалап турмакчы.. Анда эмесе алгачкылардан болуп атактуу актер, таланттуу сүрөткер, ары эң жөнөкөй кыргыздын бирден- бир сыймыктана турган чыгаан уулу Сүймөнкул ЧОКМОРОВДУН бейнесине белгилүү- белгисиз сүртүмдөрдөн калтырсаңыздар болот..

Бектурсун АЛИБЕКОВ.  Атақтуу қырғыз, Сүймөнқул Чоқморовдун бейнесине “сүртүм” таштоо үчүн, көркөм өнөрлүү жэ ақын болуу қажет ғо? Биздин айтаарыбыз эле ушул. “Қырғыз ӨҢҮ_Сүймөнқулдун ӨҢҮ_ндөй, Сүймөнқулдун ӨҢҮ_қырғыз ӨҢҮ_нүн үлгүсү”.

Сүкө 2

АйтмырзаАйтмырза АБЫЛКАСЫМОВ.  Илгери айылдагы мектептин алдындагы драма ийриминен Бексултан Жакиевдин “Алтын аяк” драмасынын 1-бөлүгү болгон “Улуу үркүндөсүн” спектакль кылып коюп, республикалык кароого келип калып, калыстардын сынына койдук. Анан гримделген бети-башыбызды аарчып жатсак эле, ошол бөлмөгө Бексултан Жакиев менен Сүймөнкул Чокморов кирип келсе… Таң кала карап эле калдык. Алар баарыбыз менен учурашып, Б. Жакиев чыгармасын алып келгенибизге ырахматын айтты. Ал эми С. Чокморов болсо: “Мен го актерлордун ойногонуна баа бере албаймын. А художник катары силердин кийимдериңерге абдан суктандым, Абдан баарысы натуралдуу экен”, – деп салды. Биз болсо, С. Чокморовдун актерлук чеберчиликке “баа бере албагандыгын” анын жөнөкөйлүгү деп, көпкө тамшана күлүп жүрдүк… Ошондогу Сүкөнүн элеси дайыма көз алдымда жүрөт! Баса, мактанып койсом: ошондогу элдик театрлар да аралаш катышкан республикалык кароодо биздин мектептин ошол спектакли 1- орунду алып, министр Кондучалованын колунан дипломдорду алганбыз!!!

"Жетинчи ок" көркөм тасмасында милициянын командири Максумовдун ролунда.

“Жетинчи ок” көркөм тасмасында милициянын командири Максумовдун ролунда.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Атактуу Сүкөбүз адамдардын арасынан өтө сейрек кездеше турган чыныгы таланттын уйуткусун бүтүндөй тулку бойуна жык сиңирип жүргөн адам болгонун ошол мезгилдеги көрүп, билип, ааралашып калган адамдар беш колундай билишет. Бул киши ушунчалык токтоо, эң жөнөкөй жана адам чыдагыс кыйын кырдаалдарга кыңк этпей чыдап, билгизбей көтөрүп жүрө алган касиети бар жана кайратту адам болгон. Мен да көрүп, анача-мынча аралашып калдым десем болот..

1982-жылы күзүндө Фрунзедеги С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасында ошол окуу жайдын студенттери менен Сүкөбүздүн жолугушуусу болуп калды. Кечке жуук келди. Жанында ал учурда жатакананын тарбийачысы болуп иштеп жүргөн Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев отурду. Мага ал киши менен ошол күн биринчи жолугушуу болду. Мурунку курста окугандар жакшы билишет го, окуу жайда сабак берип жүрүп жакшы таанышат экен, көптөгөн суроолорду жаадырып жатышты.. Ал учурда баш оту менен киного кетип сүрөт окуу жайына келбей, сабак бербей калган учуру болчу. Эптеп мен да кыпчылып “дүжүр” бир суроо берип калдым. “Сиздин жактырган, жакшы көргөн кесибиңиз кайсы, актерлукпу же сүрөтчүлүкпү” деген суроомо, “албетте сүрөтчүмүн, а актерлук менин жөн гана хоббим” деп жылмайа жооп берип койгон. Анткен менен ал ошол кезде Сүкөбүз бүтүндөй сойузга аттын кашкасындай таанымал актерлердун бири аталып, жылдызы жанып турган учур болчу.. Бирок ал кишиде андай бой көтөрүү, менсинүү, текеберленүү дегендин жыты да байкалбайт эле. Бир калыпта гана баардык суроолорго тегиз жооп берип, кээ бирине тамашалай жооп берип, баарыбызды кубандырып, өзү да каткырып отуруп каш карайып, караңгы кирленде зыңгыраган бойдон ар бирибиз менен кол алышып, коштошуп чыгып кеткен эле..

Бакыт. МБакыт МЫРЗАТАЕВА. Кыргыз киносуна болгон сүйүүмдү ушул улуу адамдын аты менен тыгыз байланыштырам. Бала кезден сүрѳттѳрүн чогултуп эле сактап жүрчүмүн. Кийин студент болгондо деле ал тууралуу кѳп окуп, кѳп кызыктым, ар дайым сумкемде З. Лындинанын «С. Чокморов» деген чымкый кара, кѳк түстѳгү сырты катуу, ичинде түстүү сүрѳттѳрү менен ал тууралуу жазылган орусча китеби жанымда болор эле, эскирбесин, кирдебесин, айрылбасын деп башка сүрѳттѳрүн да жылтырак кагазга салып алчумун, аны группалаштарым түгүл, курсташтарым да билчү. Кимиси ал тууралуу маалымат же сүрѳт тапса, мага жагымдуу маанай тартуулаш үчүн алып келип берер эле, мен ырахматымды айтып түгѳтѳ албай калчумун андай кезде, «ушу адамды жанынан кѳрсѳм жүрѳгүм жарылып кетсе керек, элестете албайм го» деп бир эсе оюн-чынын аралаштырып 1- курста айтып калчумун. Кѳп ѳтпѳй университетте жолугушуу болуп калды, анын келишин чоң залда чыдамсыздык менен күтүп отурабыз, Боке 3уюштуруучулар бир кезде дүрбѳп эле «келди, келди» деп сыртка карай чыгып калышты. Баарыбыздын кѳзүбүз жайнап эле ал тарапты карап калдык, ошондо узун бойлуу келген, сымбаттуу, кең далылуу, келишимдүү Сүймѳнкул аганын карааны кѳрүнгѳндѳ дүркүрѳтѳ кол чаап туруп тосуп алдык, кыздардын баары мени карайт, качан «жыгылып» калат дештиби… Айтор, Сүкө 4ошондо салабаттуу басып келип, алдыдагы аксакалдар менен амандашып, аны коштоп келген бир-эки киши менен алдыдагы орундуктан жай алышты. Ошол кѳз ирмем мен үчүн кымбат да, сыймык да эле!!! Кеченин аягында жанына кол тамга сурап баргандар батпай калды, мен да турам арасында, колумда китеби, анан азыркы жүктѳмѳдѳгү кѳгүлтүр кѳйнѳк кийип, кичине жакасы ачылган сүрѳтү бар болчу (жылаңбаш түшкѳн сүрѳт болчу, калпагын Асыран ага кийгизип койсо керек).

Боке 1Баарына жетишип кол тамга берип атып эле кѳзү менин колумдагы ѳзү тууралуу китепке, анан сүрѳтүнѳ урунду да, бир жагымдуу жылмайып койду, ичим ысып кетти! Кезегим келгенде атымды сурап бажырайтып «Бакытка С. Чокморовдон» деп жазды, анан китептин биринчи бетиндеги актай жерине боз үйдүн сүрѳтүн чиймелеп заматта тартып койду. Бул алгачкы жолугушуу азыр да күнү бүгүнкүдѳй кѳз алдымда! Кудайга шүгүр, андан кийин да кездешүүлѳргѳ күбѳ болдук. Биз окууну аяктап бараткан жылы «жер титирегендей» эле жүрѳк титиреткен жоготууну ишенип-ишенбей уктук. Бул азаны бүтүндѳй кыргыз эли менен бирге башка улуттар да кабыргасы кайышып кѳтѳрдү, жаш-кары дебей жоктоп турушту. Анын кадыр-баркынын, ректалантынын, адамгерчилигинин бийиктиги ушул азыр да улам жогорулап баратканын байкаса болот. Эсимде, 1992-жылы бекен, анын кара шляпа кийген сүрѳтүн чоң календарь кылып чыгарышкан эле. Ал сүрѳт жатаканада бѳлмѳмдѳгү ѳзүм жаткан керебеттин баш жагына илинип турчу. Жайында мамлекеттик сынак тапшырып бүтүп сүрѳткѳ түшүп жатканбыз (а кезде Тап 1атайын фотограф чакырылчу, ак, кара түстѳ эле тартышчу), андан мен суранып калдым, бѳлмѳдѳ да бирѳѳ бар эле, ошо менен мени сүрѳткѳ тартып коюңузчу десем, мен кѳтѳрүнүп ал жакка баргыча убакыт ѳтѳт, аны бул жакка эле чакырып келгиле, бул жактан тартам деп калды. Ал баспайт да десем, тиги «каткан» бойдон мени карап калды, кыздар кыраан-каткырыкты салышты, тиги таң калган абалда мени ээрчип жѳнѳдү. Бѳлмѳгѳ киргенде стулду керебеттин үстүнѳ коюп плакаттагы сүрѳткѳ тең келгидей болуп, кудум жанында тургандай сүрѳткѳ тартууну сурандым. Ал менин ѳтүнүчүмдү аткарып бүтүп,(ал ѳзү да чыгармачыл адам окшойт) башын кѳпкѳ чайкап календарды карап турду да, мага ырахмат айтып чыгып кетти. Ошол сүрѳт саргайса да сакталып архивимде турат, кѳргѳн Сүкө 5сайын жаштыгымды, улуу талантка болгон терең сыйымды, анын АДАМДЫК сапатына апакай суктануумду эстеп жылмайып алам…

Көз ирмемдик кечелердеги кездешүүлөрдөн калган элестери менен гана эсимде калса дагы көп ирет түштөрүмдөн кетпеди, түшүмө кирген күнү экзамендеримден ийгиликтүү өтчүмүн, же болбосо ошол күнумдү бир жагымдуу жаңылык коштоп турчу, балалыктай баёо жаштыгыма балким арбагы жар болуп жүргөндүр, азыр деле колдоп тургансыйт. Ала-Арча бейитине студенттерди алып барганда анын арбагына атайылап куран багыштап кайтчубуз, акыркы ирет ушул жайда барып эскерип койдум… Улуу АДАМДЫН арбагынын алдында ыймандай сырымды жазып жаткан ушул ысык эскерүүм “мыйыгынан күлгөндөргө” муздак сезилиши мүмкүн. Бирок бул улуу таланттын тарыхта калтырган кайталангыс, эч нерсеге теңебес эмгектеринин жана ал тууралуу эскермелердин тамчысмына да татыбаган бул жазмамды, сүрөттөрдү, кол тамгасын Асыран аганын сунушу боюнча калтырып коюну туура көрдүм..

Тап 1Бегиева ДЖАМИЛАХАН.  Кыргыздын чыгаан акыны Жолон Мамытов агабыз жазган:
“Ал ак чачтар кара болчу көмүрдөй,
Залкар талант, чайпалбай да төгүлбөй.
Элестелип бүт дүйнөгө тарады,
Кыргыз ӨҢҮ_Сүймөнкулдун ӨҢҮ_ндөй”!..
Эмне деген саптар! Кандай гана залкарлар !!!

Дайардаган Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, Келсинки шаары.

Dec 09

Чагылган..

*****************************************************************************************************************

Ыраматылык чоң апам.

Ыраматылык чоң апам.

БОЙОКЧУ.


«Бала кездеги илимиң таш бетине чегилген сүрөт сыңары!.»                                (Саади)

 Айыл ичин ала-шалбырт аралап, күндүн көзү аздап жыпжылуу мээримин чачырата жымыңдап, чар тарап өзүнчө бир ажайып кооздука бөлөнүп, ал ажайып кооздуктун көркүнө көрк кошуп көкөлөп сайраган көктөгү боз торгой менен шыптагы кара чыйырчык эрте жаздын эң биринчи жарчысындай келиштире миң түркүн обон созуп турса, бар дүйнөңдүн балкыганы-балкыган.

Дал ушундай учурда, ар жылы, бүтүндөй айылдын боз балдарын «чаң-тополоң» түшүргөн эски жыгач арабанын «кыйчылдагы» айыл ичин аралап, ал кыйчылдакты коштой «бойоок-бойоок» деген Бойокчу чаар кишинин коңур үнү чакан кыштакты тынбай жаңыртып, «чыт курсактарды» чымын-куйун, кый-сыпыр түшүрө дүрбөтүп, эдиреңдеп, ээ-жаа бербей башаламан чуркаган чунак балдар аз эле жерден ат арабанын алдына кирип кете жаздап барып токтошуп, «арабакеч ата, арабакеч ата, эмне аласыз?» дешип, жарыша чурулдашып, «сөөк», «мүйүз», «туйак» деген жообун угуп-укпай эле удургушуп, алардын артынан мен да кошо удургуй чуркап, «апаа, апаа, бойокчу келди, бойокчу» деп антаңдап үйгө жетип-жетпей, кирип-кирбей сөөк-саак чогултуп койгон жаман боз таар баштыгымды таппай кайсалап жүргөнүмдө, кара баркут чапанынын бир жеңин кийип, бир жеңин кийбей, маасы көлөшүнүн апкытын майрыйта баса шашылып, «бас ылдам, балакетиңди алайын балам, баралы, бойок калбай калбасын» деп ийрейген ичке таягын сүйрөй жөнөгөндө, чындап эле бойок калбай калса бүтүндөй жашообуз токтоп калчуудай жаман таар баштыгымды ийиниме арта сала, тыйталаңдап апамдын артынан кошо ээрчий чуркачымын..

 

Сөөк-саактарын өткөрүшүп ар кимиси өздөрүнө жаккан ар кандай буйум-тайымдарын алып жаткан кичинекей досторумду көрүп алып, эмнегедир мен аларды айабай бактылуудай сезип, түркүн-түстүү жалаң бойок алып жаткан апама ичимен бир аз капаланып барып токтоп, бирок бойокчунун ары «алдамчы», ары «күлкүлүү» желмогуздай болгон кичинекей желим кашыгына таңдана карап, гезиттен ороп жасап алган кичинекей «күлөккө» шашпаай бойок салып, үнүн жай чыгара санап жаткан бети быткыл чаар киши менен кошо жарыша санашып кеткенимди байкабай калып, «токтот эй, адаштырасың, оо мурдуңду урайын «түйрүк» деген тамашасына «өзүңүз «түйрүксүз» чаар бака киши десе» деп ичимден билгизбей кобурангыча бир аз теригип барып кайра эле чымкый жапжашыл, кыпкызыл, көпкөк болгон бойокторго алаксый калып, ошого ушунчалык көңүлүм көтөрүлүп, асмандап, аргасыздан арабакеч атаны астыртан кылтыйа карап, жактырып койчумун..

 

апаБечара апам, «Боз үйгө» деп дайардаган ак койдун жүнүн бойоп, «жүдөп» жаткан учурунан пайдалана калып, курумшу баштыктагы бадырайган апакай чүкөлөрүмдү бөлүп-бөлүп жүндүн арасына кошо салып жиберип, билмексен болуп, жепирейген ашканабыздын артын көздөй айланып басып кетчимин. «Бойогум жакшы киргей эле» деген тейде жаны тынбай күйпөлөктөп, сарысанаа болуп жүргөн апам аны көрүп калып ыргыштап, «оой, өлүгүңдү гана гөрөйүн чечек, ал чүкөңдү аржака» деп сөзсүз бир айкырып алмайы бар. А мен болсо аны тоготуп да койбостон кочкул бойокторго «киринип»  чыккан койкойгон кооз чүкөлөрүмдү тамдын түбүндөгү бетондун кырына кыдырата тизип алып, сыймыктана карагандан эч качан тажабайт элем. «Мындай кооз чүкөлөр менде гана бар, менден бөлөк эч кимде жок, болгон күндө да аз» деген ишенимден кайткым келбейт эле. «А меникин карагылачы, канча, кандай гана кооз чүкөлөр?» деп азыр да кайталагым келе берет.. Апам болсо жазылган чийдин үстүнөдөгү бойолгон жүндөрдү жайып алып, жаны тынбай анысы менен алек, кобуранып-собуранып. Экөөбүздүн тең бети-башыбыздан бери кызылала бойок. Чыныгы бойокчулар гана дал ошондой болоорун эс тартканда түшүндүм. Ошол чүкөлөрүмдүн айагы кийин мектепти бүтүп аскерге кеткиче жүрдү. А байкуш апам жасаган аппак боз үй азыр деле бар, бирок бойоктору оңуп, бозоруп, кадимкидей эскирип кетсе керек, аны деле көрбөгөнүмө далай жылдын жүзү болду..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ,  Эркин журналист.  Финляндия, Келсинки шаары. 2012-жыл, ноябрь.

 

Dec 09

Драма..

КР Эл артисти Саламат САДВКОВА.

КР Эл артисти Саламат САДЫКОВА.

МЕКЕН ЭНЕ БАККАН КЫЗ.  (Даректүү драма)

 КРнын Эл артисти Саламат САДЫКОВАГА арналат.

 

КАТЫШУУЧУЛАР:

1. Саламат.

2. Мария – энеси.

3. Мекен эне – Жер эне – Кыргызстан.

4. Кундуз – курбу кыз.

5. Ирсалат – кошуна кыз.

6. Гүлбара – артистка.

7. Максуда – жеңеси.

 

1 – САХНА

 

Музыка. Эшиктен киргенден сахнага чейин майрамдагыдай жасалгаланган. Көшөгө ачылганда сахнада китеп барактап олтурган Мекен эне көрүнөт. Ал абдан ойлуу. Сахнада Саламаттын ар кайсы Мамлекеттерден ар кандай стилде түшкөн сүрөттөрү бажырайып илинип турат. Бүгүнкү концерт өзгөчө концерт болмок. Ортодогу чоң телевизордон Саламат Садыкованын аткаруусунда “Кыргыз жери” кетип жатат. Ыр бүткөндө Мекен эне кол чаап оордунан турат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (кол чаап) Азаматсың Саламат! Азаматсың! Мына чыныгы талант!!! Мына кыргыздын жүзү! Кыргыздын кызы!!!

 

Музыка кетет. Мекен эне элди аралай басат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Кара, бажырайып турганын!.. Мына, талыкпаган эмгектин күчү! Ак эмгектин акыбети! Таланттын күүсү менен таскагынан чаң ызгытып, Аалам кезип, Доорубузду таңдантып “Кыргыз үнү”, “Кыргыз булбулу” атыгып келе жаткан кези. (сыймыктуу) Бул улуу Кыргыз элинин эрке – КЫЗЫ! Бул биздин – САЛАМАТ!!! (ойлуу)

Эки жашында атасынан, тогуз жашында энесинен айрылып, балалыгы өтө татаал өткөн бул кызыңар, учурда кыргыз элинин сыймыгы! Улуу талант!!! Улуу инсан!!!

Аттиң дүйнө!

Кемдигиң сенин шул беле…

Атадан калдым экимде.

Ээ кылбастан энеме да,

Азууңду арттың жетимге! – деп, кичинекей Саламатка атпаган муңдуу таңдарды айт. Арман дүйнө ач азуусун салганда жер карап калбай, келечекке үмүттүү караган кара кызды минтип Ааламга тааныттың. Ырахмат сага Тагдыр!!!

 

Музыка. Мекен эне илинип турган сүрөттөргө келип токтойт. Ар тараптан элдер келе башташат. Булар Саламаттын концертине келген көрүүчүлөр эле.

 

КУНДУЗ: (тигиле) Азаматсың, Саламат! Мына, бул Японияда экен ээ?

ИРСАЛАТ: (таңдана) Аа – ии – ий! Бул кадимки кинодогу Америка го! Жеңе?!

КУНДУЗ: (тыйып) Акырын! Бирөөлөр укса уят. Кадимки болбогондо жалган Америка дейсиңби. Концерт куруп барганда түшкөн турбайбы. О – оо, мына бул жерде Францияда ырдап жаткан экен. Париж! Бали! Жарайсың, Саке! (алыска тигилет) Эсимде…

МЕКЕН ЭНЕ: Ар түнү, эл уйкуга жаткан кезде,

Жымыңдашып, жылдыздар атканкан кезде.

Сырын төгүп, Ааламга жар салчу эле…

Бул кара кыз, бир аян сезген белем?!..

ИРСАЛАТ: Ак кыздын агынан эмес, кара кыздын багынан дегендей… Капырай,

артисттер картайбайт деген ырас окшобойбу ээ? Эки кыздын энеси, эки неберенин таенеси деп ким айтат. Күйөөгө тийчү кыздай койкоюп турганын карачы.

КУНДУЗ: (какшыктай) Курбум, тагдыр деген ушундай сырдуу келет.

ГҮЛБАРА: (шыбырай) Кыздар, быякты карагыла. А, мында Индияда жүрөт. Улуу таланттардын катарында турган экен биздин кыз.

 

Музыка. Баары илинип турган сүрөттөргө тигилип өз ойлору менен алек. Ошол учурда сахнанын тереңинен кетмен көтөргөн кичинекей Саламат көрүнөт. Баары ошол жакка бурула туруп калышат. Саламат асмандагы жылдыздарга, керилип жаткан тоолорго тигиле бир нерселерди шыбырагандай болот.

 

МЕКЕН ЭНЕ:

Айгүл тоонун,

Чокусуна тигилип.

Ай жаңырса,

Тилек айтып, жүгүнүп.

Мотурайган,

Бир кара кыз болчу анда.

Ким болом?!.. – деп,

Ой – санаасы бүлүнүп.

МАКСУДА: (ойлуу Саламатка тигиле) Кара…

Желдей учкан убакыттын шары менен,

Балалык да, артта калып баратат.

ГҮЛБАРА: (тийише) Ыя, Максуда?! Саламатты анча неге карадың?

КУНДУЗ: (билмексенге салып Максуданы какшыктай)

Ай, жашоо ай!

Кыз балага, жашоодо сын көп тура,

Бой жетти! – деп, сырдуу көздөр карашат.

ГҮЛБАРА: (күлүп жиберет)

Кыз чоңойсо ошондой, эркем!

Анысы да, мунусу да алсам дейт,

Торгой сымал капасына салсам дейт.

А, кыздагы аалам кезген зор эңсөө…

Эркин учуп, Ак жылдыздай жансам дейт!!!

КУНДУЗ: (жылмая каш серпип)

Туура айттыңыз, Гүлбара эже.

Анан дагы, баркым билген жан болсо…

Түбөлүктүү жарың болуп калсам дейт.

ГҮЛБАРА: (алыска тигиле) Көрсө жашоо ушундай тура!

КУНДУЗ: (сынай) Эх, жашоо… жашоо… Туурабы, Максуда жеңе?!

 

Экөө Максуданы карап күлүп жиберишет. Максуда кызаңдай түшөт. Ушул учурда сахнанын тереңиндеги Саламат көрүнбөй калат.

 

МАКСУДА: (жактыра бербей) Эмне мени анча шектүү карайсыңар? Туура болсо, туура да. Эми ал кезде мен да жаш болчумун. Эрге тийип, очор – бачар болуп бир үйдүн түтүнүн булатып олтурса деген эле тилегим болгон. Минтип дүйнө кыдырган чоң артист болоорун ким билиптир. Сүйүнгөнүмдөн минтип оорулуу бутумду сүйрөп келдим го…

МЕКЕН ЭНЕ:

Тирүүлүктө,

Биз адамдар айтпайбыз.

Жакшы иш кылсаң,

Жакынга да жакпайбыз.

Аттиң дүйнө,

Көзү өтүп кеткен соң…

“Жакшы эле!” – деп,

Аркасынан мактайбыз.

Ичи тардык,

Ириңдеген жарадай.

Жайлап кирет,

Жакшысына карабай.

Көрүп туруп,

Көрмөксөнгө салганды айт.

Көздөр кетет,

Ала чакмак… алаңдай…

МАКСУДА: (шашкалактай) Ай, карасаң! Кимдер менен турат? Мунусу капкара, а, мунусу Индия киши го… Экөөнүн ортосуна туруп алганы эмнеси.

ИРСАЛАТ: Эй, Максуда жеңе, Баткендин талаасында жүргөндөй кыйкырасың да. Бул деген шаар. Элдерди көрдүңбү. Акырын басып, акырын сүйлөшүшүп жатышат.

МАКСУДА: (жактырбай) Эмне! Маданиятың жок дегени турасыңбы?!

ГҮЛБАРА: Ай кыздар, мында келгиле. Не бир мыктылар ырдаган сахна. Тобоо! Булар кайда, биз кайда. Кундуз, Саламат курбуңдун кичине кези эсиңдеби?

КУНДУЗ: Албетте. Артист болом деп абдан кыялданчу.

ГУЛБАРА: (алыска тигиле) Мына! Ошол балалык кыял… Ошол балалык эңсөө…

 

Музыка. Түн. Элестер кетет. Сахнада кичинекей Саламат пайда болот. Кечке талаада иштегени аз келгенсип, каардуу жеңесинен коркуп түндөп кир жууп жатты. Ошол учурда үй жактан жеңеси Максуданын ачуу үнү чыгат. Селт эте түшкөн Саламат шашкалактай кирип жууп кирет. Акшыңдаган жеңеси алкынып келип дагарасын кир – пири менен ыргыта тебет. Илмийген Саламат титирей ыргып тура калат.

 

МАКСУДА: (заардуу) Кыбыраган өлүк! Э, кокуй! Ушул эки көйнөк, эки жоолукту он саат эзип олтура бересиңби.

САЛАМАТ: (жалтактай) Кир көп экен.

МАКСУДА: (зекире) Бул түрүң менен кишини жарытпайсың го! Тез, тез бүтүрүп эрте жат. (колундагы бир боо кирди кыздын алдына ыргытат) Ме! Буларды да чайкап кой.

 

САЛАМАТ: Жеңе…

МАКСУДА: (заардуу) Эмне?!

САЛАМАТ: Колдорум эзилип кетти.

МАКСУДА: (кекетип) И – ии, эзилет. Кетмен кармагандардын баарынын колдору ошентип эзилет. Ошентип тамак таап жейсиң. Бекер келген оокат бар бекен.

САЛАМАТ: (ыйлап жиберет) Кир жууй албай жатам. Караңызчы… колдорум…

МАКСУДА: (жыйрыла түшөт) Опей! Алаканың эзилгенге ыйласаң, таманың эзилип түшүп калганда кайда барасың. Кудай сактасын! Бир сыйра сары суусу чыккандан кийин катып калат. Мен да ошентип үйрөнгөм. Мына, өлбөй этпей эле жүрөм. Эмне, мени коркутуп турасыңбы?! Буларды ким жууйт?..

САЛАМАТ: Коркутканым деле жок. (жууп кирет) .

МАКСУДА: Кул кутурса төбөгө чыгат! Тез, тез жуу! (үйүлгөн кирлерди буту менен тээп) Эртең менен уктап калбай, эрте жат!

САЛАМАТ: (коруна) Жеңе…

МАКСУДА: (чакчая) Байкеңе даттанып, же өөгүнкүдөй качып кетчү болсоң, айтып коеюн. Асманга чыксаң бутуңдан, жерге кирсең чачыңдан тартып чыгарам. Мен сага Кайриниса эмесмин. Отум менен кирип, күлүм менен чыгасың. Жеген тамагыңды актап жаша. Уктуңбу?! Уктуңбу, дейм?!

 

Саламат жер караган бойдон чоң дагараны кучактап олтуруп калат. Алкынган Максуда үйгө кирип кетет. Ал кирип кетээри менен араң турган кыз эчкирип ыйлап жиберди. Анын бул абалын карап туруу мүмкүн эмес эле. Кой деген киши жок бечара кыз бир топко өпкө өпкөсүнө батпай өпкөлөп ыйлады. Анан бир кезде адатынча Асманга тигилди. Оюу жетсе да колу жетпеген атасы менен энеси Марияны караңгы түндөн, Асмандагы жылдыздардын арасынан издеген кыз тээ Көктөн көзүн албай көз жашы салаа салаа болуп буркурап турду.

 

САЛАМАТ: (солуктай) Апа… Апа… Апакебайым?! Кайдасың? Кайдасыңар?! Эгер жылдыздарга айланып кеткениңер чын болсо, анда сени кайсы жылдыз деп тааныйм? Мага бир белги бергилечи апке! (тыным) Карачы, колдорум… Минтип суу чыгып… (буркурай бетин баса калат). Кир жууй албай жатам апаке. Баары чоң кийимдер. Сыга албай кыйналам. Күчүм да жетпейт. (асманга тигиле) Бүгүн эки жөөктү бүтпөй калдым эле, таяк жедим. Жеңемдин тили абдан заардуу. Кече тандырга отту жакшылап жакпайсың деп, ыссык көсөө менен колго чапты. Мына, карачы. Минтип күйүп да калды. Апаке, мени алып кетчи?! Мында жашагым келбейт. Баары жаман кишилер, баары заардуу. Айткандарынын баарын жасайм, ошентсем деле иш кылбайсың деп, бир кынтык таппай эле, себепсиз уруп, сабай беришет. Тамак бербей коет. (кыйкыра) Деги кантсем буларга жагам, апакебай?! Кайда барам? Айтчы? Айтчы?! (буулуга токтоно албай кетет) Эмне унчукпайсыңар?! Эмнеге үн чыгарбайсыңар!!! Неге?! Неге?! Карап турам дейсиң. Мени кайсы жактан карап турасыңар? Айтчы? Айткылачы?! Мен силерди көргүм келет апаке! (көпкө жылдыздарга тигиле нес болуп турду) Апа… Мен сени сагындым! Сенчи?..

 

Музыка. Оор тунжуроо. Саламат көз жаштарын аарчып, тээ Көктөн көзүн албайт. Ары жактан Мекен эне боору ооруй кызды аяп карап турат.

 

САЛАМАТ: (абдан ойлуу)

… – Тигил тоонун,

Ар жагында кимдер бар?

Кайгысы жок,

Күлүп жүргөн кимдер ал?!..

МЕКЕН ЭНЕ: (кызга тигиле)

Аткан таң мен,

Баткан күндү караганы…

Үмүт кылып,

Жылдыздарды санаганы…

Кыз кыялы ай!

Жоопту азыр алчуудай.

Мойнун созуп,

Тээ асманга тигилчү.

САЛАМАТ: (кыялдуу умсуна)

– Эх! Жылдыздарга…

Шаты болсо ээ?.. – баралчу.

МЕКЕН ЭНЕ: (кызды сылап өтөт)

Балалык ай,

Бал жыттанган назыңдан.

Көктөм сымал…

Көркүң чыккан жазыңдан.

САЛАМАТ: (өзүнчө кыялдуу)

– Эй, жылдыздар! Мени уккула!

Мени кара, мен мындамын!

Ак жылдыз! Чолпон жылдыз!

Сен асманда, мен жердемин!

Кут түшкөн,

Өөрүкзарлуу элденмин!!!

Карачы айланамды,

Кара, баарын көрүп ал.

Бул өөрөндө,

Мени колдоор элим бар.

(эргий, тегерене айланат)

Мен учамын!

Сени көздөй учамын!

Канат болчу,

Кыялдарды өчүрбөй.

Көңүлдөрдү,

Аккан селдей көчүрбөй.

Бийик адам болгум келет!

Мен эмне кылуум керек?!

(колун суна кыйкырат)

Жылдызда – аа – аа – аар!!!

МЕКЕН ЭНЕ: (кызды аяп)

Айтчы, Теңир?!

Баарын өзүң чечесиң.

Жаңылышса,

Кыя басып кетээрсиң.

Бир кара кыз,

Жайып турат алакан.

Кантип көрбөй,

Кантип кыйып кетесиң?!..

САЛАМАТ: (көңүлү чөгө муңдуу)

Оо, Жараткан!

Жазыгым кайсы менин?

Бар жазаңды,

Көтөрүп келем сенин.

Оор үшкүрүк,

Калтыратат денемди.

Жетимдик ай!

Жекирип келем жемеңди!

МЕКЕН ЭНЕ:

Түнгө айтат,

Сырларын түмөндөгөн.

Жаман ойлор,

Жанды азгырат күмөндөнгөн.

САЛАМАТ: (оор үшкүрө олтура кетет)

Жалгыз калдым…

Кай жазыгым бар эле?!

Бирин алсаң,

Бирин мында койбодуң.

“Шум ажал” сен,

Тагдыр менен ойнодуң.

МЕКЕН ЭНЕ: (аяп сылайт)

Ээ, пендем,

Жашоого тике кара.

Билем.

Көкүрөктө бүтпөс жара!

Тирүүлүктүн кызыгы,

Бүттү дебе!..

Теңирим,

Берген энчи – Улуу! – сага!

САЛАМАТ: (аста шыбырай)

Айтчы? Айтчы, Тагдыр?!

Кандай жандар,

Бактылуу өмүр сүрөт?..

(көккө тигиле колун сунат)

Бийик адам болгум келет,

Мен эмне кылуум керек?!

(элеңдей, аста)

Жылдызда – аа – аа – аар!!!

 

Музыка. Сахна караңгылайт. Кичинекей Саламат көрүнбөй калат.

 

ИРСАЛАТ: (Гүлбарага) Сиз баарын билет экенсиз, эже. Эй, Кундуз! Муну кара! Ой, мында Италия деп жазылып турат. Эй, Касым, муну кара! Италияда жүрүптүр.

КУНДУЗ: (тыйып) Акырын уят болот. Бул жерди шаар дейт, кокуй! Мына! Баятан ушул кишини издеп жатпадым беле. (суктана) Чынгыз Айтматов!

ГҮЛБАРА: (кубана сүрөткө тигилет)

Жанашып, Чынгыз менен басканың,

Чыны ал, Улуу жолду аттадың.

Капталдап, канча кырсык кууса да,

Жалтанып, жабыкпадың, качпадың.

Улуу талант, Улуу жолду басарым,

Теңир берсин! Арыбасын сапарың!!!

КУНДУЗ: (жетине албай сүйүнө) Кара, Чынгыз Айтматов менен турат.

Теңирге айт, миң алкышты!

Өөрүкзардын өнөр кызы.

Бакыт кууп, бакыт баккан,

Баткенимдин барктуу кызы!

Мына, Баткенимдин – Жылдызы!!!

МАКСУДА: (кыйкыра чоочуй) Ой, бул Чынгыз Айтматов го?! Ай, Ирсалат, Гүлбара, Чынгыз Айтматов! Быякка келгиле. Мына муну карагыла!

КУНДУЗ: (жеңинен тарта) Жеңе… Акырын кыйкырба. Элдер карап жатат.

МАКСУДА: (дердеңдей катуу мактанып) Мейли, карай берсин. Мен сүрөт көрүп жатпаймбы. Менин кайын сиңдим! (угуза) Мен Саламаттын жеңеси болом! Мына! Мына!

(өкүнө) Биздин учурда сүрөт дегенди ким билиптир. Минтип илдирип коймок экенбиз.

ГҮЛБАРА: (какшыктай) Ошол сүрөт болгондо да, сени кесип салышмак. Муногу жерде мурдуңду баштыктай кылып сен турсаң, Саламаттын формасын бузмаксың да.

МАКСУДА: (мурчуңдай) Жапжакшынакай эле жарашып калмак. Качан болсо эле менин мурдума асылып басып жүрөсүң да.

ГҮЛБАРА: Болду эми, тамаша кылып койдум. (сүрөткө тигиле) Жаша, Саламат! Сен эңсегениңе жетиптирсиң. Мына окугула. Айгүл тоодон жаңырган үн – бул Саламат!

 

Музыка. Илинген сүрөттөрдүн алдындагы жазууларды окуй башташат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Саламат Садыкова 1974 – жылы турмушка чыккан соң Талас областына караштуу Кара – Буура районунда жашап, 1974 – жылдан баштап Кара – Буура райондук маданият үйүндө “Жылдыз”ыр – бий тобунда ырчы болуп эмгектенип калды.

1983 – жылы Полша Мамлекетинде өткөн Эл аралык Фестивалга СССРдин атынан “Жылдыз” ансамбли катышып, 2 – орунду жеңип, “Күмүш балта” сыйлыгына ээ болушат. Так ушул фестивалда Саламат комуздун коштоосунда элдик ыр “Кызыл гүл” менен Эл аралык чоң сахнага алгачкы кадамын таштаган.

КУНДУЗ: Муну биз билебиз да. Укпадык беле. Тигинде эмне дейт, эже окусаң.

ГҮЛБАРА: 1988 – жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Тогуз кайрык” Республикалык Фольклордук Фестивалына катышып. Элдик ырларды мыкты аткарган ырчы айым катары көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, калыстар тобунун жогорку баасына татыган дейт. Ай, Максуда! Ошол жаңылыкты биринчи мен сага сүйүнчүлөгөм.

МЕКЕН ЭНЕ: 1988 – жылы атайын чакыруу менен Токтогул Сатылганов атындагы Филармониянын алдында жаңыдан уюшулган “Камбаркан” этнографиялык – фольклордук тобуна солист болуп кирди. Жетекчиси улуу талант, комузчу Чалагыз Исабеков болгон. Саламат аталган топ менен бирге Америка, Япония, Франция, Италия, Германия, Турция, Румыния, Кытай өңдүү мамлекеттерде чыгармачыл сапарларда болуп, кыргыз маданиятын жана искусствосун таанытууга зор салымын кошту.

ИРСАЛАТ: (жакасын кармана) Мен ушундай болоорун билгем!

МЕКЕН ЭНЕ: Саламаттын алгачкы альбому Япония Мамлекетинин “Minon” Эл аралык музыкалык коому тарабынан 1995 – жылы Токио шаарында жарык көрсө, 2005 – жылы “The Voice of Kyrqyzstan” (Кыргызстан унү) аттуу экинчи альбому америкалык музыка изилдөөчү, продюсер Марк Хамфри тарабынан Америкада жарык көргөн. Кыргыз элинин маданиятын өнүктүрүүдө тажрыйбалуу эмгеги, кыргыз элинин нукура музыкасын таанытууга кошкон татыктуу салымы үчүн Саламат Садыкова:

1992 – жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,

1995 – жылы Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти,

1995 – жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти,

2004 – жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси болду.

 

МУЗЫКА. Максуда жетине албай бапыраңдап даагы мактанып кирет.

 

МАКСУДА: (кыйкыра) Ай, Гүлбара! Муну оку! (өзү шаша окуп кирет) Биздин Саламат өзүнүн эмгек жолунда табият тартуулаган жаркын таланты, тунук үнү, мукам ырлары менен чыгармачылыкка чыйыр жол салып, зор таланты менен Кыргызстандын атын чыгарып, желегин желбиретип келүүдө. Мына! Ушундай болмок дегем! Мына!!!

КУНДУЗ: (Максудага) Жеңе, Саламат курбум кыргыздын улуттук аспабы болгон комуздун коштоосунда мыкты ырдаган, өзүнө таандык оригиналдуу стили бар ырчы.

ГҮЛБАРА: (кубана окуйт) Саламат Садыкова кыргыз искусствосунун тарыхында даңазалуу орду, ошондой эле дүйнөлүк музыкада таанымал ысмы бар фольклордук ырчы катары белгилүү. Жаша, Саламат! Мен сени менен өмүр бою сыймыктанам!

МЕКЕН ЭНЕ: Саламат Садыкова Эл аралык аренадагы белгилүү продюссер, музыка таануучулардын атайын чакыруусу менен: 2007 – жылы Корея Мамлекетинин “World Masters” Эл аралык музыкалык Ассоциациясы тарабынан “World Masters”, Дүйнөлүк музыка чебери сыйлыгынын ээси болгон. Ошол жылдан бери “World Masters” Эл аралык музыкалык Ассоциациясынын мүчөсү болуп келет. 2008 – жылкы Испанияда өткөн “WOMEX” Эл аралык музыкалык Фестивалдын катышуучусу.

ГҮЛБАРА: (Максудага тийише) “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет” – дептир. Мына! Сенин оюңа койгондо шорун шорподой кайнатып, бечараны чыркыратып эрге берип жибермексиң. Эми минтип мактанып турганын карабайсыңарбы. Таласка кетип жатканда өлүп кала жаздабадың беле, ыя, Максуда?! (туурап) Менин кайынсиңдим болот!

МАКСУДА: (жашып кетет) Караңгычылык да. Айылдан чыкпасам ошол да.

ГҮЛБАРА: Акыр бир айтмакмын. Бүгүн сааты чыкты окшойт. Болду эми.

ИРСАЛАТ: Болдугула. Концерт башталып калса буларды окуп жетишпей калабыз. Андан көрө муну карагыла. (үңүлө карайт) Оо – ии – иий!.. Не деген өлкөлөр… Сильвия…

МЕКЕН ЭНЕ: Саламаттын аткаруусундагы элдик ыр “Кызыл гүл”аттуу чыгарма

дүйнөлүк эң мыкты 20 чыгармадан турган альбомго кирген. Дүйнө элине таанылган Саламат Сильвия шаарындагы Ал – Андалус сахнасында жеке концерт берди.

ИРСАЛАТ: (жакасын кармана) Тобоо! Тобоо! Баткен кайда, Сильвия кайда?.. Ал андал… Андалус дейби?! Тилиң чайналат. Бирин түшүнсөм бирин түшүнбөй окуп жатам.

КУНДУЗ: (тийише күлүп) Баса, Максуда жеңе, сиз уктуңуз беле? 2008 – жылы Москвада “Roza Mira” деп, “Лучший голос Кыргызстана” деген аталыштагы жеке концерти болуптур. Мына 2009 – жылы Бенелюкс өлкөсү дейби… “RASA” эл аралык Фестивалында Голландия, Нидерландия, Бельгия, Люксембург өлкөлөрүндө да жеке концерттери өткөн дейт. (өзүнчө) Ырас эле тилим да келбей кетти да. Кокуй, Ирсалатка уят болбой, билбесем да билген кишидей окуй берейин. Бул сүрөттөрдү карачы.

МАКСУДА: (мактана) Ооба, ооба, билем. Ошондо Баткендин баш аягына өзүм жар салып чуркабадым беле. Галияндияга кетиптир деп.

КУНДУЗ: Ой, боорум ай! Сен да катырдың. Галияндия эмес, Голландия!

МАКСУДА: (кенебей) Боло берет. А, сен билесиңби?! Украинага, Молдовияга барганын. Жанагы мен салынып жүргөн чачыктуу чоң гүлдүү жоолукту ошол жактан апкелген да. Муногу жерде Украина деп турат. Окучу. Тигилерине тилим келбей жатат.

КУНДУЗ: (каткыра) Англисче жазылып турбайбы.

МАКСУДА: Англис эмес немисин да окуган эмесмин. Оку!

КУНДУЗ: 2009 – жылдары Украинада Международный Фестиваль Музыки & Танца “Svirzh” дейт, жеке концерти өткөн дейт. Ал эми 2009 – жылы Тайванда “Henqchun” элдик ыр жана музыка Эл аралык Фестивалы өткөн деп турат. Мында да биздин Саламат өзүн көрсөттү деп бакыйта жазыптыр.

МАКСУДА: И – ии, концертти бакыйта берсе, бакыйта жазат да! Болсун, болсун. (шыбырай) Ай, Кундуз, ошол концерттеринен түшкөн акчасын тигилерге да береби. Же…

КУНДУЗ: Капыр ий, Максуда жеңе. Ошол жагын да ойлонуп жибердиңизби?

МАКСУДА: Эми бекер ырдабайт го дегеним го…

 

МУЗЫКА. Баары каткыра күлүп калышат.

 

ИРСАЛАТ: (көрсөтө шыбырай) Тигилерди карагыла. Биздей болуп окуп жатышат.

МАКСУДА: (кейип) Сүрөттү да чактап илбептир. Көз тийип кетет да.

ИРСАЛАТ: (боору эзиле) О – иий, Максуда жеңе! Жер ааламдын баарын кыдырып жүрөт. Ошолордун көзү тийбей, бир кыргыздын көзү тийип кетмек беле. Сен да укмушсуң. Арча ала келдиң беле, аластап коелу.

МЕКЕН ЭНЕ: (залга) Мына ийгилик! Мына нагыз өнөр ээси! 2010 – жылы Саламат Садыкова Султанат Оман өлкөсүнө барып, Маскат, Салала шаарларында “Diva Salamat” деген аталышта жеке концертин берди. Талыкпаган өнөр ээси 2010 – жылы Татарстандын Казань шаарында “Сотворение мира” Эл аралык Фестивалынын сый коногу болуп келди. Кечээ жакында эле Сауд – Арабия өлкөсүндө, Италияда болуп келди. Биз бүгүн Саламаттын эмгектеринин кээ бирлерин гана мисал кылып олтурабыз. 17 – жашынан өнөр секисине чыккан Саламат бүгүнкү күндө “Кыргыз булбулу” атыгып олтурганы, бул анын талыкпаган зор эмгегинин жемиши! Бүгүнкү күндө Саламат менен бүтүндөй кыргыз эли мактанат. Бар бол, Саламат!!!

КУНДУЗ: (кубана) Ооба, ооба! Биз да ошого мактанып жатпайбызбы.

ГҮЛБАРА: (тигиле окуйт) Мында арналган ыр турат.

Ар күн кечте кыял бийлеп сезимди,

Бийик эңсөө, бийик максат бекилди.

Бул кара кыз, жүрөгүндө оту бар,

Сөзгө бекем, ой – туюму өтө шар… (жашып кетет) Ирсалат сен окучу.

КУНДУЗ: (тигиле окуйт)

Эңсөө күчтүү. Асмандагы жылдызга…

Бир учурда, жетээриндей сезилди.

ИРСАЛАТ: Ой! Бул жагы орусча анан англисче го. Тобоо! Алла! Алла! (жакасын кармай) Саламаттын мындай кыйын чыгаарын кантип билген.

КУНДУЗ: (суктана) Асмандагы жылдызга деп… Жеткени ушул да жеңе ээ? Апам раматылык: – Өлбөсө, Саламаттан бир киши чыгат! – дечү.

МАКСУДА: (жакасын кармай) Жетти. Жетти. Турганын карачы, маңкайып!

ИРСАЛАТ: Айылга артисттер келсе жибербей, тим эле жон терин сыйрычуу элең. Мына өзү артист болуп… Эми биздин шилекейибиз чууруп жатат. Тамшана берип, таңдайым да катып калды. Сумкаңда суу – пууң жок беле.

МАКСУДА: (шыбырай) Жок. Кокуй, акырын! Бирөө укса уят. Мунун минтип чоң артист болорун ким билиптир. Италия, Турцияга эки күндүн биринде барат дейт. Биз минтип Бишкекке жетпейбиз. Жанагы Жапондорго эле беш барды дейби?..

ИРСАЛАТ: Ошону айтпайсыңбы. Бак берип койсо, ушул экен да.

 

Музыка. Концертке келген элдер залга кирип жатышты. Аларды карап турган Максуда шашып кетет.

 

МАКСУДА: Ай, кыздар! Залга каяктан өтсөк болот? Башталып калбайбы.

ГҮЛБАРА: Жүргүлө. Азыр экинчи кабатка көтөрүлөбүз.

КУНДУЗ: (кубана) Чынгыз Айтматов менен турганын көрдүңбү? Мен билгем.

ИРСАЛАТ: (мурдун чүйрүп) Мен деле билгем! Мен айткам артист болосуң деп.

КУНДУЗ: Сен мектепте жүргөндө эле көрө албай кетчү эмес белең.

ИРСАЛАТ: (чычалай) Андай эмес. Мен ошондо эле мыкты ырчы болосуң дегем.

МАКСУДА: Ай, баскыла! Бул жер силерге Баткен эмес. Эшик тешиги да көп экен. Жалгыз жүрсөң адашып кетесиң го. Мында коркпой кантип жүрүшөт.

КУНДУЗ: Ай, Максуда жеңе. Корксоң жоолугуңдун бир учун мага байлап кой.

ГҮЛБАРА: Баскыла ай! Силер тамашалашып олтуруп, орун калбай калат.

МАКСУДА: Ээ, кокуй! Ушунча жол жүрүп, анан: – Орундук жетпей концертти туруп көрдүм! – деп, Баткенге айтып барамбы. Баскыла! (шаша) Ии, кокуй, айтпадым беле. Ана, башталып калган турбайбы. Болгула!

 

Саламаттын аткаруусундагы Б. Эгинчиевдин “Гүлгүн жашы” кетип жатат.

 

КУНДУЗ: Баштала элек, радиодон ырдап жатат. Басыңыз эми.

ИРСАЛАТ: (эси оой карап) Төбөсүн карасаңар. Жаман чоң люстралар экен.

МАКСУДА: Кокуй! Мунусу башыбызга түшүп кетпейби? Сен басчы.

ИРСАЛАТ: (кетенчиктеп) Эмне, түшсө сенин башыңа түшсүн дегениңби. Мен четке эле олтурам. Ортосуна барбайм. Опей, бетим! Менин күйөөм кайда кетти. Касым!

КУНДУЗ: (жактырбай) Жанынын таттуусун. Бас!

 

Музыка. Баары шашып залды көздөй кетишет.

 

2 – САХНА.

 

Түн. Үйдүн ичи. Саламат уктап жатат. Капталда Мекен эне ойлуу кызды тиктеп олтурат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (толкундана) Ооба, замандаш! Үмүттүн жолу канча узак болсо, ошончо максаттуу, ошончо керемет! Буга бүгүнкү күндөгү өнөрдү туу туткан Саламат кызыңардын өмүр жолу чоң мисал.

Ата – эненин мээриминен эрте айрылган бир кездеги кичинекей кара кыз… О – оо, минтип Теңир берген улуу өнөрү менен комузда кол ойнотуп, шоокум үндү созолонтуп, Ааламды чарк айланып: – Мен Кыргыздын кызымын! – деп, барган жеринде Кыргыздын кызыл желегин желбиретип тураарын ал заманда ким билиптир да, кимдин оюна келип, ким сезиптир.

Ооба, десең. Мунун да тез эле бой жеткенин, – Тирликке бышык, келин кылып алайын! – деп күткөндөр болгон. Кыз деген ошентип бирөөлөрдү саматып, азгырып, көздү кызартат тура. Бирөөнүн баласы тез чоңоет демекчи, эркелеткен эненин, – Ай, кызым! – деген атанын мээримин көрбөгөн Саламат турмуштун ачуусун эрте таткандыктан өзүнө өзү тың, абдан бышык өстү. Ошол эле учурда саамайдан сылаган энесинин колдорун сагынып, эсинде калбаган атасынын калдайган караанын балалык кыял менен элестетип, кыял менен чоңое берди.

 

МУЗЫКА. Тыным.

МЕКЕН ЭНЕ: Кичинекей Саламат адатынча түн уйкусунан чоочуп ойгонду. Айланада эч ким жок. Бирөөнү сагынгандай, бирөөнү күткөндөй эки жагына элеңдей карайт. Кыялында, – Азыр эле келе калбайбы? – деп, эшиктен көзүн албай тирмие тиктейт. Анын күткөнү энеси Мария болчу. Раматылык Мария абдан жакшы киши эле. (бир топко тыным) Мария… Мария… Баары эсимде. Сен күлгөндө сенин шаңкылдаган сүйкүм күлкүң айылдын баш аягына угулчу эмес беле. Сен айылдын кыз – келиндеринен өзгөчө сапаттарың менен бөлүнүп тураар элең. (тыным) Жанда жок уз элең да… Сенин колуңдан көөрүң төгүлгөн уздугуңду дабан мисал кылышаар эле. (алыска тигиле) Бул дүйнө менен кош айтышып, кайран келин кете бергенде: – Бизди таштадыңбы? Эми колуңа албайсыңбы?! – дегенсишип, колу тийген туш кийизден тарта жердеги түркүн төшөктөр томсорушуп… (оор үшкүрө) Э – ээ, пенде деген ушул тура! Ошонун баарын кимге жасады экен бечара. (селт эте) Мен да кызыктай суроо бергенимди кара. Албетте Саламатка жасады да. Жалгыз кызым деп… Ай, Мария, Мария. Сенин ар бир сөздү макалдаштырып сүйлөгөнүң күнү бүгүнкүдөй эсимде. Эч кимди алдыңа салбаган сөзмөр, чечен, жайдары, акылдуу назик жан элең. Мен сени унутбаптырмынбы? Сени кантип унутам. Кериле басып өткөнү кермеге сайган саймадай эле дешип, айыл эли кеп салганда… Кайран гана оттой жанган 28 – жаш… Арман! Арман! (алыска тигиле оор үшкүрөт) 28 – жаш… Сага буйруганы ушул экен да. (жашын аарчый) Чүрөктөй болгон жан эмес белең!.. (тыным)

Бечара Мария бул дүйнөнүн ырахатын көрбөй эрте кетти. Баарынан да кенедей жалгыз кызды мага таштап кете бербедиби. (ойлуу тунжурайт) Армандуу кетти. Экөөсү тең армандуу кетишти. Тагдыр! (жылмая кыялдуу) Анын: – Мекен эне?! Мекен эне, менин курдашым да, сырдашым да сенсиң. Мени коргоп жүрчү? Менин тилегиме тилек кошчу?! Кара кыздын артынан караан болоор бир эркек бала болсун ээ? – деп, эркелегенин, назданганын эч унутаар эмесмин. Басса турса мени өзүнө караан тутчу эмес беле. Жанда жок жароокердиги мени ээритип жиберээр эле. (кызга тигиле) Ырас эле артынан бир эркек бала келгенде…

 

Мекен эне көпкө кызды тиктеп турат да, ойлуу чыгып кетет. Чоочуп ойгонгон Саламат үйдүн ичин айланта карап чыгат. Аңгыча эшик акырын ачылып, апасы Мария кирет. Аял киргенде кичинекей Саламат оордунан тура жүгүрүп мойнуна асылгысы келди. Бирок антсе азыр эле жоготуп алаарын кичинекей жүрөгү сезгендей олтурган жеринде катты.

 

САЛАМАТ: (кубана) Апа… апакебай… Сен мага келдиңби? Апа, мени өзүң менен алып кетесиңби? (шашып кетет) Жок! Жок! Кетпе! Жөн эле айттым.

МАРИЯ: (муңая) Мен сени бир көрүп кетейин деп эле… Азып кетипсиң.

САЛАМАТ: Талаада кечке иштейбиз. Апа, мен тандырга нан жапканды үйрөндүм.

 

Аял кызга бир аз жакындай, бирок сактана боюн ала качып турат. Саламат да бир эки кадам шилтей, кайра сестене туруп калат.

 

МАРИЯ: Сен ошол эле жерде турчу балам. Мага жакындабай эле кой ээ?

САЛАМАТ: (көздөрү жашылдана) Сени сагындым. Кучактагым келет. Сени…

МАРИЯ: (кызды аяп) Билем. Мен да сени сагындым кызым.

САЛАМАТ: Апа, сен кайдасың азыр?

МАРИЯ: Алыстамын кызым. Алыстамын.

САЛАМАТ: Атамчы? Ал дагы алыстабы?

МАРИЯ: (жылмая) Ал менин жанымда.

САЛАМАТ: (муңая жер карайт) Мен мында жалгызмын. Силер келесиңерби?

МАРИЯ: (мукактана түшөт) Биз эми ал жакта… Жол алыс го балам.

САЛАМАТ: (таарына) Мен жалгызмын. Мени мында баары…

МАРИЯ: Терикпе балам. Тагдыр ошондой. Сен да көбөйөсүң.

САЛАМАТ: (жалдырай) Кантип?

МАРИЯ: Турмушка чыгасың. Кө – өп балаң болот. Сен жалгыз болбойсуң.

САЛАМАТ: Күйөөгө чыкпайм! Кошуна кызды ыйлатып берип салышты.

МАРИЯ: Кыз чоңойгондо ошондой болот кызым. Сен да чоңоесуң. Анан…

САЛАМАТ: (ызалана) Мен чоңойбойм! Күйөөгө кетким келбейт!

МАРИЯ: (эркелетип) Айланайыным! Кара кызым менин!

САЛАМАТ: Мени кара кыз дебечи! Баары эле “кара кыз, кара кыз” – деше берет.

МАРИЯ: Айым менин! Сен абдан бактылуу кыз болосуң.

САЛАМАТ: Чачымды эч ким өрүп бербейт. Минтип өзүм өрүп алдым. Карачы?

МАРИЯ: Сенин чачыңды Мекен эне өрөт кызым. Мен сени Мекен энеме

тапшыргам. Аны таарынтпа. Ай кызым менин! Айланайыныным! Садагам!

 

Мария акырындап көрүнбөй калат. Саламат далбастай энесин издейт.

 

САЛАМАТ: (кыйкыра) Апа! Апа?! (ыйлап жиберет) Мекен эне кайда?!

МАРИЯ: (алыстан) Мекен эне сенин кичинекей жүрөгүңдө. Таарынтпа – аа- аа!

САЛАМАТ: Таарынтпайм! Мен сагынганда сен да келип турсаң ээ?.. Апа – аа!!!

 

Бөлмөгө Саламаттын жеңеси Максуда ич көйнөкчөн шашып кирет.

 

МАКСУДА: (чакчаңдай) Ай кыз, сага эмне болду? Эмне кыйкырдың?

САЛАМАТ: (алаңдай) Мен… мен…

МАКСУДА: Эмне, албарсты бастыбы?

САЛАМАТ: Жок.

МАКСУДА: Үйдү аластап жаткын дебедим беле. Арча салган табак кайда?

САЛАМАТ: (алаңдай энесин издей берет) Билбейм, билбейм.

МАКСУДА: (шектүү) Сага эмне болду? Ээ, кокуй, кимди издеп жатасың?

САЛАМАТ: (жашырып) Эч кимди. Мен…мен…

МАКСУДА: (аяп кетет) Эмне түшүңдөн чоочудуңбу? Андай боло берет. Укта!

 

Максуда арча күйгүзүп үйдүн ичин бир сыйра аластап, кызды аяй карап чыгып кетет. Саламат жалгыз калат.

 

САЛАМАТ: (аста шыбырай) Апа… Апа… Сен кайдасың?!

МАРИЯ: (алыстан) Укта, балам. Уктай гой.

САЛАМАТ: (бышактай) Апа, сен дагы келесиң ээ?..

 

3 – САХНА.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Жылдар билинбей өтө берди. Кичинекей кара кыздын беш көкүл саамай тачтарын асмандагы Ай сылады, желпип өткөн жел сылады. Жылдыздар бешик болсо, Саманчынын жолу селкинчек болду. Улам эс тарткан сайын муңун уккан өөрүкзар муңдашы да, сырдашы болду. Ата аска дегендей, карааны тоодой Айгүл тоо бакырайган кара кызга Аска, караан болгондой калкалап келет.

Саламат тыкылдап абдан бышык, жанда жок жароокер, бир нерсени кишинин кабак кашынан эле сезип айттырбай илип алган, шайыр, ыр жандуу кыз болчу. Кыңылдап бир нерселерди ичинен кайрый созуп калганда үйдүн жанын өтүп бараткандар токтоп угуп өтүшөөр эле. Бала кыялы менен эшиктин алдын шыпырып жаткан шыпыргысын комуз кылып чертип олтуруп калааар эле десең. Эх, кыз кыялы… Балалык ай, балалык!

 

МУЗЫКА. Саламат короону шыпырып жатат. Коргондон башын чыгара эки жакты карады эле эч ким көрүнбөй. Мени эч ким укпайт дегендей үнүнүн баарынча кыйкырып ырдап кирди. Шыпыргысын комуз кылып бирде чертип, бирде кучактап алып кошо айланып бийлеп жатты. Аны көрө калган кошуна кыз Ирсалаттын оозу ачылган бойдон эски коргонго асыла карап турду. Саламат аны деле байкаган жок. Бир кезде чыдабай кеткен Ирсалат Саламатты кыйкыра чакырды.

 

ИРСАЛАТ: Эй, Саламат! Салам – аа – аат!!!

САЛАМАТ: (чоочуп кетет) Эмне? Ким?!

ИРСАЛАТ: (күлүп жиберет) Ой, эмне болуп жатасың? Бери кара.

САЛАМАТ: (жактырбай) Эч нерсе. Көрбөй турасыңбы, короо шыпырып жатам.

ИРСАЛАТ: Сени айылдын баары угуп жатат. Тим эле кыйкырдың го.

САЛАМАТ: Кыйкырсам эмне экен. Уккуң келбесе, кулагыңды жаап ал!

ИРСАЛАТ: Эй, мында келсең. Айылга артисттер келиптир. Уктуңбу?

САЛАМАТ: (сүйүнүп кетет) Эмне? Качан?!

ИРСАЛАТ: Базар күнү болот дейт. Сен үйүңдөн чыкпасаң укпайсың да.

САЛАМАТ: И – ии, үч эле күн калган тура. Базарга бардыңбы?

ИРСАЛАТ: Ооба, эртең менен көчөт жеткирип келгем. Ошондон көрдүм.

САЛАМАТ: Жакшы болгон турбайбы. Сен барасыңбы?

ИРСАЛАТ: (кубана) Барам! Сенчи?

САЛАМАТ: Билбейм. Эртең талаага мака эгебиз деген. Үч күндө бүтсөк…

ИРСАЛАТ: А, сен ичим ооруп жатат де. Же, ошол күнү качып кет.

САЛАМАТ: (жалтактай) Кой, анда сабайт да.

ИРСАЛАТ: Мен үйдөгүлөр жибербесе, качып кетем. Бирок жиберет.

САЛАМАТ: (көңүлү чөгө) Сенин ата – энең… (тык токтойт) Ишим көп.

ИРСАЛАТ: (мурдун чүйрүп) Мейли. Апам тандырга нан салмак. Кеттим.

САЛАМАТ: (шашкалактай) Эй, токтосоң! Ирсалат! (өзүнчө) Кетип калды. Апасы деле көрүнбөйт го. Калп эле апам тандырга нан салмак деп… Ой, калпычы десе. (өзүнчө) Чоң базарда көп жаңылыктар болот. Ирсалат баарын көрүп, баарын угуп келет. Ушунуку эле жыргал апасы менен күндө чоң базарга барат. Үйүндө деле иш кылбай басып жүрө берет. Кой, камыр да көөп калды, тандырга нан салуум керек. (умсуна) Байкем артиске жиберээр бекен. Жеңемчи…

 

Саламат шыпыргысын тамдын бурчуна коюп үйгө кирип кетти.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Ошол күнү Саламат кечке суз жүрдү. Айыл ичинде эмнелер болуп жатат, сырттан кимдер келип, кимдер кетип жатышат, керели кечке үй түйшүгүнөн бошобогон кыздын иши да жок эле. Кошуна кыз ичин күйгүзүп кеткендей болду. Саламат өзүнчө буркулдап, кошунасы Ирсалатка таарынып койду. Анан узун мойнун созо, көздөрү менен алардын короосун бир сыйра тинтий карап чыкты. Эч ким жок. Саламаттын ачуусу келе ызаланып кетти.

Бир аз көңүлү чөгө түшкөн Саламат кошуна кызга ачуусу келип барып, кайра бат эле унутуп койду. Бирок баары бир кыздын ичин “тыз” эттирген бир ыза турду. Ал, Ирсалаттын ыгы жок сөзгө деле ата – энесин кошуп сүйлөгөнү эле. Анан да билип туруп эле билмексенге салып, бирөөлөрдү кеп – сөз кылган учурларда Саламаттын көзүнчө атайылап эле “ал деген жетим да” деп алчу. Кошуна кыздын бул сөзү башка чапкандай тийчү. Өзүнө тиешелүү болбосо да, ошол учурда андай кептерди биринчи кезекте өзүнө алаар берээр эле. Бул Ааламда өзүнүн гана ата – энеси жоктой сезе берчү. Бири кем дүйнө ай! Бир кичине кара кызга мынча тар сезилгениңди кара…

 

4 – САХНА.

 

Саламат жалгыз. Казандын башында ойлуу кыңылдай ырдап идиш – аяктарды жууп олтурат. Элдин алды эчак уйкуга кеткен маал. Үйдүн ичинен жеңеси Максуданын үнү чыкканда эч нерседен капарсыз олтурган Саламат чоочуп кетет.

 

МАКСУДА: (кыйкыра) Ай, кыз!

САЛАМАТ: (чоочуй) О, жеңе?!

МАКСУДА: Дагы эле эки чыны, бир табакты жууп бүтпөй жатасыңбы. Эртерээк жат. Эртең маканы бүтүүбүз керек. (жактырбай) Басса турса кыңылдабай жүрө албайт.

САЛАМАТ: Азыр жеңе. Бүтүп калдым.

МАКСУДА: Тезирээк бүтүп жат! О – иий, катуу чарчап калыптырмын. Жат!

 

Максуда керилип, чоюлуп үйгө кирип кетет. Айлана тыптынч. Саламат жууган идиштерин аарчый, ойго батат. Анан кошуна кыз Ирсалаттын айткандары эсине түшүп өзүнчө ызала буркулдап алды.

 

САЛАМАТ: (ызалана) Карасаң! Бүгүн да мурдун чүйрүп кеткенин. Такай ушинтет. (жактырбай) Тим эле жаңы көйнөк кийип алган тура. Ойсоңдоп! Мен да жеңеме көйнөк тиктиртип алам. (өзүнчө кекетип) Шашпа. Эмдиги артиске сенден мурун барбасам элеби. Байкемдер… (томсоро түштү) Байкем… (чыйрала) Мен эмнеге байкемдерге ачууланып жатам. Кийинки келген артисттерге жиберем дебедиби. Ирсалаттын эркелетээр энеси, бооруна кысаар атасы бар. Бир туугандары да көп. Булар карабай коюшса, мен кимге эркелейм. Кимге?! Кимге…

 

Музыка. Бир топко созулган оор тунжуроо. Бир учурда кайдандыр мээримдүү үн угулат. Саламат үн чыккан жакка элеңдей карайт.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (мээримдуү) Сен мага эркелейсиң, кызым. Мен эркелетем!

САЛАМАТ: (алаңдай) Сен кимсиң?!

МЕКЕН ЭНЕ: (жылмая) Бул менмин, Саламат. Сен мени күткөн жоксуңбу?

САЛАМАТ: (сүйүнө тура калат) Мекен эне?!.. Мекен эне, сен кайдасың?!

 

Караңгылыктан суурулуп чыккан аял жылмая мээримин чачып Саламатты карап турду. Бул Мекен эне эле. Ал Саламат бук болгондо, катуу капалаганда такай келчү. Саламат оордунан ыргып тура Мекен энеге боюн таштайт.

 

САЛАМАТ: (кубана) Мекен эне! Сенсиңби?! Мен сени күткөм.

МЕКЕН ЭНЕ: (кызды аяп) Антип муңайба. Ал сага жарашпайт эркем.

САЛАМАТ: (уяла) Мен… мен… Ирсалатдын сөзүнө таарынып эле…

 

Мекен эне Саламатты чачынан сылай, бооруна кысат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Сен эч кимге таарынба. Сен күчтүү бол! Кана, ырдап берчи.

САЛАМАТ: (ыйлап жиберет) Ырдагым келбей калды.

МЕКЕН ЭНЕ: Мейлиң өзүң бил. Кантет. Ыйлаак кыз болчу беле.

 

Араң турган кыз жашып кетет. Экө тең бир топко үнсүз тунжурашат.

 

САЛАМАТ: (муңая) Сен мени жараткансың ээ? Айтчы! Айтчы?!

МЕКЕН ЭНЕ: Жок. Сени улуу Жаратканым жараткан. Сени ата – энең…

САЛАМАТ: (алыска тигиле) Алар эми алыс жакта ээ?..

 

Музыка. Бир топко созулган тунжуроо.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (кызды саамайынан сылай) Алар сени мага тапшырышкан. Мен сени эч качан таштабайм! Мен сенин энең Мариянын да курдашы, сырдашы болчумун.

САЛАМАТ: (таңдана) Ал да сенин кызың беле?

МЕКЕН ЭНЕ: Баарыңар менин кызымсыңар. Баарыңар.

САЛАМАТ: Мекен эне, сен баарын билдиң беле?

МЕКЕН ЭНЕ: Жок. Бирок бул тагдыр. Тагдыр эркем! Сенин тагдырың!

САЛАМАТ: (ызалуу) Тагдыры тайкы байкушум! Бечара! – дешет. Тажап кеттим.

 

Мекен эне кызды саамайынан сылап эркелете өөп, бооруна кысат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (күлүп) Карачы, жылдыздарды. Не деген кооздук.

САЛАМАТ: Анын кооздунунан мага не пайда. Жымыңдай беришет да.

МЕКЕН ЭНЕ: Кой, андай дебе. Алар касиеттүү Аалам!

САЛАМАТ: Жетпеген соң, кантип айталам. Түн киргенде келишет, таңда кетишет.

МЕКЕН ЭНЕ: Сен менин койнумда ошол Жылдыздарга жетесиң.

САЛАМАТ: (таңдана) Кантип? Жылдыздарга?

МЕКЕН ЭНЕ: Мен чынын айтып турам. Касиеттүү Ааламды айтып турам.

САЛАМАТ: (кызыга) Чын элеби? Алыс го… Береги жайнаган жылдыздаргабы?!

МЕКЕН ЭНЕ: (кыялдуу) Ооба, Жылдыздарга! Сен да – Жылдыз болосуң!

САЛАМАТ: (кыялдана) Артист болгум келет. Мекен эне, мен артист боломбу?

МЕКЕН ЭНЕ: Сөзсүз болосуң! Сага байкең жардам берет.

САЛАМАТ: (ызалуу) Калп! Алар мени бир жумадан бери алдап иштетишип, бүгүн артистке жибербей коюшту. Жеңем калп айтты. Ирсалат мени шылдыңдап кетти.

 

Ызаланып араң турган кыз бетин басып олтура кетет. Ал бир топко ыйлады. Ичиндеги бугу чыксын дегенсип Мекен эне да унчукпай карап турду.

 

САЛАМАТ: (асманга кекетип) Куу тагдыр! Алдамчы! Шылдыңдап турганын.

МЕКЕН ЭНЕ: Сен антип кекчил болбо. Сен тагдырга таарынба.

САЛАМАТ: Мен… мен… (жашын аарчый) Мен Кудайга катуу айттымбы?

МЕКЕН ЭНЕ: (аяп) Жок. Сен жөн гана катуу таарындың. Боло берет.

САЛАМАТ: Катуу ыза болгондо ушинтип ачууланам. Анан кечирим сурайм.


«МЕКЕН ЭНЕ БАККАН КЫЗ»    (Драманын уландысы)

МЕКЕН ЭНЕ: Жараткан Теңирим кечиримдүү. Сен баарына жетесиң эркем.

Музыка. Мекен эне кызды колунан ала айлантат. Эми анын күлкүсү чыгып, тептегерек кара көздөрү жайнай, тегеренип бийлеп жатты.

САЛАМАТ: (кубана) Мекен эне! Сен чын айтасыңбы? Мен баарына жетемби?!

МЕКЕН ЭНЕ: (мээримин чача) Саламат, сен мага ишен! Сен менин жылдыздардан куралган бешигиме термелесиң. (алыска тигиле) О – оо, билесиңби? Ал кезде сени эч ким, Байкушум! Бечара! – дешбейт. Сага суктанып, сени менен бүтүндөй Кыргыз эли сыймыктанышат. Сен улуу адамдар менен бир басасың. Сенин насибиң жер жүзүнө чачылган. Сага Жаратканым, колуңа комуз, уккан жан таң бергендей шоокум үн берген. Теңир атаң болсо, Мекен энең менмин! Сени менен мен сыймыктанам! Мен! Мен!!!

Үн жаңырып кетет. Саламат алиге тегеренип жатты. Мекен эне көрүнбөй калат. Саламат селт эте чоочуй эки жагын каранып алды. Эчак эле кеч кирип, асманда жылдыздар толук чыгып калган эле. Бул учурда келген артисттер да эчак кайтып кетишкен. Бечара кыз бул сапар да артисттерди көрбөй калды.

САЛАМАТ: (алаңдай издейт) Мекен эне! Мекен эне! Мен сени жүрөгүмдөн даагы сездим. Мендей жетимиңди колдоп жүр. Мени угуп жатасыңбы? Мен сени уят кылбайм! (акырын шыбырай) Жараткан Теңир, сен улуусуң, сен бийиксиң. Бар тилегим бере көр!

5 – САХНА

МЕКЕН ЭНЕ: Аттиң бири кем дүйнө! Бул бир булбул кыз болду го. Жараткан биринен болбосо биринен берет деген ушул эмеспи. Мына! Мына! Ай, Саламат, даагы ырдап койчу айланайын! Ата – энесинен эрте жетим калган бул кызга бир боорлору ооруса, бир карап булбул үнүнө кызыгыша куштар болушчу. Алыстан уккандар: – Баягы кичинекей кара кыз ырдап жатат. Момундун кызы ырдап жатат. Кайран Момун… Өлбөй кал, Момун! Өлбөй кал! – деп, кейишсе, энесинин курбулары: – Бириң кетсең да бириң калбайт белеңер. Муну кимге ишенип таштадыңар. Ээ, бечаралар! Кара кызыңдын тигинтип ырдаганын уксаңар го… Шакылдап сүйлөгөнүн кара, Мариянын эле өзү! – дешип, жашып кетишээр эле. Кичине кара кыз дешкени менен бул кезде көргөн көздү кызыктырган Саламат 14 – 15ке келип калган.

Таалаачылык. Айылдын тирлиги кайдан бүтсүн. Минтип жаз да келип калды. Жаз жарыш, күз күрөш дейт. Ана, жаны тынбаган Саламат кетменин көтөрүп жеңеси Максуда менен таң атпай талаага жөнөштү. Кабагы бүркөө да. Кече айылга келген артисттерге Максуда жибербей койду эле ошого таарынып баратканы го. Таарынба кызым, сенин айлыңда да майрам болот. Ошол кезде Максуда өзү биринчи жүгүрөт. (чоочуй) Мен эмне деп жатам?! Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет… Муну Тагдыр чечсин!

МУЗЫКА. Саламаттар күндөгүдөй эле таң атпай кетмендерин көтөрүшүп талаага жөнөштү. Жеңеси Максуданы жактыра бербей, жандап баскысы да келбей, Саламат бир аз артка калып кетип баратты. Аңгыча артынан курбу кызы Кундуз жете келди. Мекен эне үчөөсүн узата карап турду.

КУНДУЗ: (жете келип) Кыйкырсам деле укпай кетип баратасың да.

САЛАМАТ: Уккан жокмун.

КУНДУЗ: Кечинде сени абдан күттүм. Сонун артисттер экен!

САЛАМАТ: (ызалуу) Жеңем жибербей койду. Иштин баарын жасатып алып…

КУНДУЗ: (жактырбай) Кызык. Барат, жиберем дебеди беле.

САЛАМАТ: Кече таң аткандан кечке чейин талаада жүрдүк. Ирсалаттын табасы накта канат эми. Өткөндө да ушинтип…

КУНДУЗ: Ал биздикине таң атпай камыр ачыткы сурап келген. Кечеги артиске кийип барган жаңы көйнөгүн кийип алыптыр. Апасы тигип бериптир.

САЛАМАТ: (жактырбай) Калп айтат. Лайлек, Исфарадан соодагерчилик кылып тайжеси келет. Ошол апкелсе керек.

КУНДУЗ: Мүмкүн. Бир нерсе кийсе эле апам тигип берди деп, мактана берет.

МУЗЫКА. Мекен эне кыздардын жанына ойлуу басып келди.

МЕКЕН ЭНЕ: Каап. Бала да. Айтаарын айтып алып, оюнда эч нерсе жок Кундуз өзүн тиктеп турган Саламатка тигиле тык токтоду. Ата – эне жөнүндө сөз болгондо Саламат курбуңдун жанында сактанып жүр, бизди оозуңа алып, ашыкча кеп курба балам! – деген энесинин сөзү кулагына шак дей түшкөндөй болду. Даагы ызалантып алдым ээ? – деди ичинен Кундуз Саламатты аяй карап.

Бул учурда Саламат тээ алыска алыска тигиле таттуу кыялдары менен жер шаарын аралап жүрдү. Бир туруп кинодон көргөн Жапон кыздарынын чоң чоң гүлдүү көйнөгүн кийип баратса, бир туруп Индия кызынын кызыл, сары жалтыраган көйнүгүн оронуп жатты. Анан кечеги айылга келген артисттер эсине түшө калды. Каап, барганда…

МУЗЫКА. Саламат кыялданып, чаташкан ойдон чыга албай жатты.

САЛАМАТ: (алыска тигиле) Алар кандай көйнөк кийишти экен. Кош этектери көп аппак көйнөк менен кыпкызыл чыптамаларды, же жалтыраган кемселдерди кийишсе керек. Ал эми баштарында үкүлүү тебетей… же саймалуу кызыл топубу?..

КУНДУЗ: (чоочулай) Саламат, сага эмне болду. Мага таарындыңбы?

САЛАМАТ: (селт эте) Жок! Мен… мен… Билесиңби, Кундуз… (кыялдана) Мен кийин эч ким билбеген, эч ким жетпеген жактарга барып, Ирсалаттыкынан да кыпкызыл гүлдүү көйнөк сатып кием. Мен окуйм. Анан иштейм. Өзүм иштеп, баарын өз акчама сатып алам. Кө – өп, кө – өп көйнөк болот менде. Индия кинолорундагы кыздардын көйнөктөрүчү… Укмуштай сонун ээ? Кечегилердики…

КУНДУЗ: (өзүнчө ойлуу) Апам айтат, – Жетим жетилет. Бир заман келет, баарыңар ал кара кыздын чаңында каласыңар! – деп. Саламат бышык, колунан баары келет. Окуйм десе окуйт. Мүмкүн артист болуп кетет. Анда сонун сонун көйнөк киет да. Менчи?..

САЛАМАТ: (кызга тигиле) Сен кимге сүйлөп жатасың?

КУНДУЗ: (селт эте) Ойлонуп кетипмин. Окусаң оку. Ии, Саламат. Артист болсоң окуп эмне кыласың. Ансыз деле ырдап жүрүң го. Мектепте, айылда, баары сени макташат. (катуу чоочуй) А – иий! Байкеңдер күйөөгө берип койсочу?! Максуда жеңеден корком.

САЛАМАТ: Мен тийбейм! Артисттер каяктан келишиптир. Чоң шаарданбы?

КУНДУЗ: Билбейм. Укмуштай сулуу сулуу эжелер экен. Баарынын беттери аппак!

САЛАМАТ: Ошолор мени алып кетишсе ээ? Кундуз, сен ким болгуң келет.

КУНДУЗ: Эч ким. Мени “болуп коюшкан” да.

Экөө тең унчукпай калышат.

САЛАМАТ: (ыңгайсыздана) Каяктан экен?

КУНДУЗ: (жер карап) Лайлек жактан дейт го…

САЛАМАТ: Сен аны билбей, көрбөй эле кете бересиңерби?

КУНДУЗ: Апамдын төркүндөрү жактан экен. Билбейм, жакшы бала дешет. Мектепти бүтөөрүм менен кетиришет го. Баарын атам чечет. Атамдан коркуп, тааныбаган эле балага күйөөгө чыкканы жатам. Сенин атаң… Кечир, кечир курбум, мен байкабай…

САЛАМАТ: Эч нерсе эмес. Бирок менин атам антмек эмес. Мени окутмак.

КУНДУЗ: (көңүлү чөгө) Апам: – Шордуу кызым, мендей болуп казандан чыкпай, бала басып олтуруп каласың го… – деп, катуу кейип кетет. Өткөндө, – Кызың чоңоюп келе жатат, тиги элдин балдар, кыздары окуган чоң шаарга окутпайлыбы десе, атам: – Сен барып окуп кел! – деп, корс этип кагып койду. Атамдан катуу корком. Ачуусу жаман.

САЛАМАТ: (муңая) Мүмкүн окутат. Ачуусу жаман болсо да атаң бар.

Эчак кайрылып карап турган Максуданы кыздар байкашкан жок.

МАКСУДА: (чаңк эте) Ай кыз, баспайсыңбы! Сен кайдан жетип келдиң. Тез – тез баскыла, биз жеткиче түш болуп калат. Элдин баары эчак талаада жүрүшөт.

САЛАМАТ: (шашкалактай) Мына, жеңе баратам.

МАКСУДА: Силердин эмне эле сөзүңөр бүтпөйт. Ай, Кундуз, сени болуп коюшту деп уктум. Каяктан экен?

КУНДУЗ: (ызалуу) Билбейм!

МАКСУДА: Ой, эмне кыйкырасың? Кулагым жакшы угат. Билип эмне кыласың. Болуп койгон соң, кете бер да. “Буудайдын бараар жери тегирмен, кыздын бараар жери күйөө” – дейт. Эриң бакса, бала тууп олтура бересиң. Бирөөлөргө окшоп окуйм, окуйм дебей. Окугандардын баары чилистен болуп кетиптирби. Катын окуп, колхоз башкармак беле. Кара казан турганда… Ха – ха – ха! Ай, сага күлгөнүм жок. Тээтиги араба кулап калды. Ошого күлдүм. (өзүнчө) Окуйт имиш. Муну ээлентпей болуп коелу десе, жанагы…

КУНДУЗ: (шаша) Мейли, Максуда жеңе. Мен бул жол менен кеттим.

МАКСУДА: (жактырбай) Кыздар деген жеңеси менен сырдаш болуучу эле. Силер качан көрсөм “бүшү, бүшү” деп, менден алыс качасыңар. Узатаарда унутпа бизди. Бас, ай!

КУНДУЗ: (Саламатка шыбырай) Түшкү тыныгууда төмөнкү арыктын жанына кел. Кечиндеги артисттерди айтып берем.

САЛАМАТ: Мейли. Жеңеме таарынба.

Саламаттын артынан аягандай узата карай кетип бараткан Кундуз колундагы нан, суусундук салган баштыкты көрүп, тигилердин артынан кыйкырат.

КУНДУЗ: Эй, э – ээй! Саламат! Баштыгың менде калыптыр.

САЛАМАТ: Рахмат. Жеңем айкырганча жетип барайын.

КУНДУЗ: Мейли эмесе. Жолукканча. (Саламатты ойлуу узата карайт).

Ата – эненин мээримин татпай,

Жагынбасаң… жеңеге батпай…

Э – ээ, шордуум!!!

(артынан кыялдуу көпкө карап турду)

… Мүмкүн өзүң эңсегендей,

Чоң шаарга да жетээрсиң.

Жетимди Кудай колдойт дейт,

Жакшы жашап өтөөрсүң…

Кундуз Максуданы жактырбай, күбүрөнө өзүнүн талаасын көздөй жөнөдү.

КУНДУЗ: (өзүнчө кейип) Аңдый карайт, атасы бар кыздарды,

Алсыз күлөт, жүрөгүндө муз калды.

Нелер күтөт, кандай күнгө кабылат?!

Тагдыр!.. Тагдыр!.. Тагдыр сага таарынат.

Ата – энеси жок кандай жаман. Өзү тууп алгансып, Максуда жеңенин какканын карасаң! Кече артиске жиберип койсо өлөт беле. Качан болсо, элдин көзүнчө басынтат. Менин ушундай жеңем болсо, байкеме айтып күндө беш сабатат элем. (жакасын кармай) Оо, Кудай өзүң кечир?! Курбумду аябаганына жаным ачып кетти. (Максуданы туурап) Ай, Кундуз! Сени “болуп коюшкан” турбайбы? Узатаарда унутпа?! (кекете кагынып) Унутам! Унутам!!! Ошо сени унутам!

6 – САХНА

Музыка. Түн. Саламат жалгыз. Баягы кичинекей Саламат жок, көрүүчүлөрдүн алдында керилип бой жеткен кыз турду.

САЛАМАТ:

Билгим келет,

Келечекте не күтөт.

Мен ким болом?..

Максатыма жетемби?!

Же, муң басып,

Максаты жок өтөмбү?..

Жок! Жок! Жок!

Андай дебе! Ая мени?!

Мен бир пендең,

Жаштайымдан муң баскан.

Күн – түн ыйлап,

Көз кургабай көз жаштан.

Саамайымдан,

Сылап койбой пенделер.

Көрсө дагы,

Көрбөгөндөй терс баскан.

Жаздыгымды,

Жашка жууган күндөрчү…

Э – ээ, тагдырым!!! Тагдыр ай!

Нелер өттү бул баштан?!..

Саламат бирөөнү күткөндөй алаңдай эки жагын каранат.

САЛАМАТ: Баарына эмне болгон? Баары эле мелтирейт да. Мени соороткон, мага үмүттүү жолду сыр кылып айткан Мекен эне кайда? Сырымдын баарын угуп, Түн эмне унчукпайт? Жылдыздар да сырдуу карап тарап кетишти. (ойлуу) Апам да көптөн бери түшүмө кирбейт. (көпкө тыным) Апа?.. Апакебей?! Мага ак батаңарды бергиле. Атам экөөңөр арбагыңарда колдоп жүргүлө. Апакебайым! Сагындым. Абдан сагындым. Жок дегенде сен аман туруп, мага жол көрсөтпөдүң. Балалыгым бир азап дүйнө болсо, минтип бой жеткенде сырдашаар караан жок… Бул кандай азап! Сезип жатасыңбы апакебай! Менин жалгызсыраганымды сезип жатасыңарбы?! (көпкө созулган оор тунжуроо).

Колдон колго өтүп кор болду го кара кызың. Эч кимиси аяган жок. Эч кимиси өз баласындай мамиле кылышпады. Бетим?.. Бетиңе эмне болгон дейсиңби? Ошол күнү мага талааны жалгыз кайтартып коюшпадыбы. Кечке чарчагандыктан уктап калыпмын. Уктап калдың деп жүгөрүнүн килейген сабы менен ажаан жеңем бетке чапканда ушул жерим айрылып кетти. Көпкө кан токтобой… (өзүн соорото) Жеңемдин көрсөткөн кордуктарын ошол учурда өзүң да көрүп тургандырсың! Азыр айыкты, бирок так калып калат го.

Ээ, апакебайым! Беттин тагы айыгаар, жүрөктүн тагы кантип айыгат дебейсиңби. Ошол качып кеткен бойдон ал байкемдикине кайрылып барганым жок. Интернатка кеттим. Алар да аркамдан сурап келишкен жок. Азыр жаман көрсө да, жакшы көрсө да Максуда жеңемдердикинде жүрөм. Байкемди сүйлөтпөйт. Бул да бир бейжай. Чыдабаска айла жок. Апакебайым, ушунун баары силердин жогуңардан. Мына, балалыгым артта калып, чоң турмуштун босогосун аттай албай, баарынан көңүлүм калган жаным жүрөксүнүп турганымды карачы.

Апа! Апаке! Апатайым!!! Ушундай сааттарда жанымда болсоңор го… Тобокел десемби деп турам. Мүмкүн бул тагдырдын даагы бир чоң сыноосу? Мүмкүн өнөрдүн чоң жолуна ушул театр аркылуу кетээрмин. Мүмкүн? Мүмкүн… (башын мыкчый) А, эгер тагдыр даагы башка жакка тартып кетсе. Анда… анда кантем, апа? Анда менин эңсөөм, менин кыялдарым, максаттарым эмне болот?!

МУЗЫКА. Бир топко оор тунжуроо.

САЛАМАТ: (көккө кыйкырат) Э – эй, жылдызда – а – ар!!!

Саманчынын жолунан түшүп алып,

Санаасы жок, алыска кетким келет.

Көкүрөктү кытыгылайт бийик эңсөө…

Көзүм жеткен бийиктикке жетким келет!

Мекен эне! (алаңдай издейт) Мекен эне! Мекен эне – ее – ее?! Мага сенин акылың, сенин кеңешиң керек. Кайдасың?! Мекен эне!!!

Музыка. Алыстан Мекен эненин карааны көрүнөт. Саламат сүйүнө, эреркеп Мекен энеге боюн таштайт.

МЕКЕН ЭНЕ: (кучактай) Эмне, мени жоготуп алдым деп чоочуп кеттиңби? Чоочулаба. Мен сени кандай тыянак чыгарат деп тигинде күтүп жаттым. Сенин кооптонгонуң да туура. Көрбөгөн, билбеген элдин, жердин сыры да, сүрү да күчтүү! Тагдыр! Буюрса сапарга аттанасың кызым.

САЛАМАТ: Мен али билбейм.

МЕКЕН ЭНЕ: Коркпо! Ал жакта да ушундагыдай эле элдер жашайт. Кичине Кыргызстандан жүрөксүнсөң, о – оо, анда Ааламды кантип кыдырып чыгасың?! Сен эми баягы кичинекей Саламат эмессиң. Сен бой жеттиң. Сени чоң келечек күтүп турат.

САЛАМАТ: Мен али чече элекмин да. Бир жактуу ойлоно албай жатам.

МЕКЕН ЭНЕ: Ойлоносуң. Сапарга чогу чыгабыз.

САЛАМАТ: Сен да барасыңбы?

МЕКЕН ЭНЕ: (жылмая) Мен сен каякта болсоң ошол жактамын. Мен сенин кичинекей жүрөгүңдөмүн эркем. Сен даярдана бер!

Ушул учурда жеңеси Максуда чаңк этип чыга калат.

МАКСУДА: Ай, кыз! Сен эмне уктабай таң атыргансыңбы?! Ботом, салган төшөгүң ошол бойдон турат.

САЛАМАТ: (жашын аарчып) Азыр жатам.

МАКСУДА: Ботом! Элдер туруп жатса, сен жатасыңбы. Ишиңе барбайсыңбы?

САЛАМАТ: (ыңгайсыздана) Барам.

МАКСУДА: (жактырбай) Чай кой. Чай – пайыбызды ичип алып, биз талаага жөнөйлү. Сен эми топуракка аралашпай, маданияттуу ишке барасың да.

САЛАМАТ: Ал жактын иши да кыйын жеңе.

МАКСУДА: Кыйын болгондо, кетмен чаап жаттың беле. Ырдап койгондун окуусу бар бекен. Ак көйнөк, кызыл көйнөк… Аппак пудраны бетке жаап, үлпүлдөп… Ии, тиги Гүлбара эжең кечээ бирдемелерди айтып жатат эле. Эмне, мындан кеткени жатасыңбы?

САЛАМАТ: (чоочуп кетет) Жок!

МАКСУДА: (сынай) Элдин сендей кыздары эрге эчак тийип кетишти. Мен кой дегенде коюп калмак белең. Ээленип алыпсың. Тааныбаган эл, тааныбаган жер…. Кой, күн да чыгып калды. Иш көп. Же, бир Кудай таала мага сеникиндей да өнөр бербептир.

Жеңеси Максуда кагынып силкинип үйгө кирип кетет. Бир жактуу чечимге келе албай турган Саламат чайналып турду. Максуданын чаңк эткен үнү чыкты.

МАКСУДА: Ай, кыз! Чай коюп койдуңбу? Кокуй, нан да калбай калыптыр го. Камыр ачыта кет. Түштө келип жаап кетээрсиң. Биз ушуну менен кечинде бир келебиз.

7 – САХНА

МЕКЕН ЭНЕ: Саламат мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, 1973 – жылы 17 – жашында Баткен райондук маданият үйүнө ырчы болуп кирген. Тээ мектептен айлына гана эмес, жалпы облуска ыры менен таанылган Саламат эми минтип бир облустун жүзү болуп чыга келди. Анын ырын укканга алыс да, жакын да ашык болду. Бара бара Жалал – Абад, Ош өөрөндөрүнө тааныла баштады.

Ошондой күндөрдүн биринде Баткенге Талас өөрөнүнөн Киров элдик театрынын чыгармачыл чоң тобу гастролго келип калышты. Келген артисттер Саламатты бир көрүшүп жактырышып, – Биз менен жүр! – дешип, азгыра башташат. Анткени аларга дал ушул тапта Саламаттай таланттар абдан керек эле.

Бул жылдары Киров элдик театрдын алдында “Жылдыз” ыр – бий кружогу даярдалып жаткан. Ошол кезде “Жылдыз” ыр – бий ансамбли Польша Республикасында өтүүчү Эл Аралык Фольклордук Фестивалга даярдык көрүп жаткан. Шакылдаган Саламат ырга да, бийге да, алып баруучулукка да жарай турганын байкашып, чыгармачыл топ аны азгырып туруп алышты. Саламаттын алдында өнөрдүн чоң сапарына аттануу сапарын чечүү маселеси коюлду.

Албетте, бирден бир макул деш кыйын болду. Тааныбаган эл, тааныбаган жер дегендей… Ким эле тууган жеринен алыска шыр беттеп кетсин. Мурда кийин айлынан алыс чыкпаган Саламат эмнегедир тартына, жүрөксүнүп турду. Ооба, бир дегенде эле чече салуу өтө оор болду. Бир жума бою бир чечимге келе албай чайналды. Уйку качты.

Бала кезден мээр туткан Мекен энем! – деп, мага жалынды. Асманга тигиле Саманчынын жолун кууп, кыялында канча сапар тартты. Баары сынай карашат. Караан туткан Түнгө сырын айтты. Ал да үнсүз мелтирейт. Бир кезде жымыңдаган жылдыздар да үйлөрүнө тарап, Түн кезегин Күнгө өткөрүп берип, агарып аппак Таң да атты.

МУЗЫКА. Баткендин областык маданият үйү. Саламат кирип келгенде алдынан областын көрүнүктүү артисткасы Гүлбара Анарбаева күтүп алды.

ГҮЛБАРА: Кел. Сени күтүп жаткам.

САЛАМАТ: Эмне айтаарыңызды сезип турам. Эже, бөтөн эл, бөтөн жерде кандай болоор экен? Жеңем да күндө кулак мээни жеп…

ГҮЛБАРА: Баары сенин ырдаганыңды жактырып жатышат. Азыр жашсың. Мында жыргап жатасыңбы? Эртең эле эрге берип жиберет сени. Мени укпайт, көрбөйт дейсиңби. Мен баарын билем сиңдим. Сени Кудай колдойт. Ошол жактан чыгаарыңа ишенип турам.

САЛАМАТ: Айтканыңыз келсин эже. Ак батаңызды берип, узатыңыз. Сиз айткандай, мүмкүн бактым ошол жакта.

ГҮЛБАРА: Тобокел деп, жыйнал. Бешенеге салганын көрөсүң. Сенин бактың чоң сахнада экенин да унутпа!

САЛАМАТ: (уялып кетет) Ой, эже… Айтканың келсин. Мен сизди унутпайм!

ГУЛБАРА: (кучак жаят) Келчи, менин кичинекей ырчым. Мүмкүн ошол жактан борборго туз насип буйруп, Карамолдо, Шекербек, Атайга окшогон Алптар олтурган жерге олтуруп комуз чертээрсиң. Мүмкүн Сайра Кийизбаева, Кайыргул Сартбаева, Дарика Жалгасыновадай эжелериңдин катарында обон созоорсуң. Тилек кыл сиңдим, тилек кыл. Таланттардын ордосу Таласка кетип жатасың, Манас атанын арбагы колдоп, андан аркы сапарыңды борборго бурсун! Ак жолуң ачылып, Дөө – Шааларга кошулгун! Биздин Саламат деп сыймыктангандай бололу.

САЛАМАТ: Айтканыңыз келсин. Ырахмат эже.

ГҮЛБАРА: Ырахматты, сен борбордун чоң сахнасында ырдаганыңда, мен кучак толо Баткендин гүлүн көтөрүп барганымда айт. Мен сени чоң сахнада куттуктайын.

САЛАМАТ: (күлүп жиберет) Айгүл тоонун Айгүл гүлүн терип барыңыз ээ?

ГУЛБАРА: (кучактай) Айгүл тоого өзүм чыгып, өз колум менен терип барам.

Ошол учурда сырттан башында жоолук, узун көйнөк дамбал кийген курбусу Кундуз күйүгүп чуркап кирет. Экөөсү кучакташып көпкө турушат.

КУНДУЗ: Кандай жакшы болду. Сени кетип калсаң көрбөй калат экем деп…

САЛАМАТ: Мен эч жакка кетпейм. Ким айтты?

ГҮЛБАРА: Мен айттым. Качан көрүшөсүңөр ким билет. Коштошуп калсын дедим.

САЛАМАТ: (кечке тигиле) Сен качан келдиң эле? Ушундай келин болдуңбу?

КУНДУЗ: (уяла) Болдук да. Кече. Күйөөм да келген. Сыртта турат.

САЛАМАТ: (кучактай) Кечээ кечке мен да сени ойлогон элем.

ГҮЛБАРА: Кудай буюрса, досуң эми чоң сахнада ырдайт.

КУНДУЗ: Тилегиңе жет, Саламат. Биздин айылга да ырдап келээрсиң. Мен сени качан келсең да күтөм. Эми сагынам го.

САЛАМАТ: Мен да сени сагынам.

ГҮЛБАРА: (шаштыра) Саламат, сени тиякта күтүп жатышат.

КУНДУЗ: Саламат, курбум! Сен кичинеңде эле чоң сахнаны, чоң шаарларды эңсөөчүсүң. Мага канча кызыктуу нерселерди айтчу элең. Ошонун баарына жет. Жолуң шыдыр болсун! Аман жүр досум!

Эки курбу бир топко бири бирин кое бербей кучакташып турду. Аларды карап турган Гүлбара жашып кетет. Кундуз кетип баратып кайра кайрылат.

КУНДУЗ: Такай эле унутуп басып жүрөм. Сага көйнөк тиге келгем. Мына. Кийип жүр ээ? Анча кымбат көйнөк болбосо да менден эстелик болсун.

САЛАМАТ: Ырахмат, Кундуз. Мага мындан кымбат эч нерсе жок. (Кундуздун ичин сылап) Канча ай болду? Сенин төрөгөнүңдү көрбөй калат турбаймбы.

КУНДУЗ: Алты айдан өттү. Кийин көрөсүң да. (күлүп) Сен кайрылып келгенче биз басып калабыз. Ии, баса, – Кыздуу болсом, атын Саламат коебуз десем, күйөөм: – Эркек болсо деле коебуз. Саламат деген ат эркек балага да жакшы жарашат, – деп, мени сүйүнтүп койду. Мен сени жакшы көрөм курбум. Сапарың байсалдуу болсун! Бизди унутпа! Дагы бир өөп алайынчы. (кучактай өөп) Сагынабыз го. Кош. Аман бол.

САЛАМАТ: Сени кантип унутам. Аман бол. Аман – эсен көз жарып ал!

Музыка. Кундуз шашып чыгып кетет. Саламат жалгыз калат.

САЛАМАТ: (кыялдуу)

Бийик өнөр түбөлүккө жолдош болуп,

Ай – ааламды кыдырып келсем деймин.

Кыргызымдын сыймыктуу кызы болуп,

Тууган жерге атак алып берсем деймин!

Айгүл тоом!

Өөрүкзарлуу Баткеним!

Мен силерди,

Ырга айлантып созсом деймин.

8 – САХНА

Музыка. Баштагы көрүнүш. Сахнанын ортосундагы чоң экрандан Саламатты көрсөтүп жатат. Франция. Париждин чоң концеттик залы. Эки алып баруучу чыгышат. Бири орус, бири француз тилинде жарыя кылып жатышат.

КУЛАКТАНДЫРУУ:

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргызстандын үнү – Саламат Садыкова. Кыргызстан!!! (үндөр жаңырып кетет)

МУЗЫКА. Алып баруучунун кулактандыруусу француз тилинде кайталанат. Ортодогу чоң телевизордон Саламат Садыкова көрүнөт. Дүркүрөгөн кол чабуулар. Сыналгынын ары жагындагы залда олтурган элдер кол чаап “дуу” тура калышат. Ошол учурда мындагы элдин ортосунда олтурган Максуда шашкалактай оордунан атып тура, тияктагы элдерге ырахмат айта ыраазычылыгын билдирип жатты. Сахнанын капталынан Мекен эне, ошол эле учурда сахнанын тээ түпкүрүнөн энеси Мария кубана карап турушат. Зал жаңырта көпкө созулган кол чабуулар.

ТЕЛЕДЕГИ КӨРҮҮЧҮЛӨР: Браво Саламат! Браво Кыргызстан! Браво!!!

МАКСУДА: (оордунан ыргып тура) Ырахмат! Ырахмат айланайындар! Биздин кызды ушинтип төбөсүнө көтөргөн тигилерге ырахмат. Браво дегени ырахмат дешкени го ээ? (экранга кол булгалап) Ооба, ооба, менин кайын сиңдим! Силерге да браво! Браво! (олтургандарга) Ай, Максуда, Кундуз, силер эмне бака жутуп алгансып жалдырап олтурасыңар. Тиякта биз тилин түшүнбөгөндөр кыйкырып кол чаап жатышат. Тургула! Кол чапкыла. Ана, бизди карап калышты. (шаша) Тур! Тургула, кокуй! Олтуруп алганыңарды көрсө уят болот.

ИРСАЛАТ: Жеңе?!.. Элдер карап калышты.

МАКСУДА: (шашкалактай) Ай, кызык кыз экенсиң. Тиякка кол булгалап кал жок дегенде. Бүгүн мында келбей калды окшойт го. Канаты болсо да ушунча жерден учуп жетпес. Ой, бизди мында чакырып коюп, өзү Францияда концерт берип жаткан турбайбы.

ГҮЛБАРА: (жеңинен тарта) Ай, Максуда, олтур!

МАКСУДА: (жулкуна) Ой, телевизордон көргүлө десе, Бишкекке келбей эле ошол эле Баткенден жаман телевизорду карап олтурбайт белек. Жолго канча акча кетти.

КУНДУЗ: Ай, Максуда жеңе. Саламат азыр мында келет.

МАКСУДА: (кызараңдай) Эмне эле мени апенди кылып жатасыңар. Мен деле мооданы түшүнөм. Шаардыктар ушинтип чоң Филармониядагы чоң телевизордон көрүшөт турбайбы. Бир жагы ысыкта жаман үйгө тыгылбай мунусу деле жакшы экен.

ГҮЛБАРА: (этегинен тарта) Түшүнсөң олтур! Элдер карап калды.

КЫЗДЫН ҮНҮ: Апа! Апа! Тигине, Саламат Садыкова чыкты!

ҮНДӨР: – Саламат Садыкова!

– Саламат Садыкова чыкты!

– Ай, бала мага көрүнбөй калды. Олтур!

– Кандай бактылуу! Кандай бактылуу ырчы!!!

КЫЗДЫН ҮНҮ: Апа, апа! Мен да Саламат Садыковадай чоң ырчы болом ээ? Апа,

көйнөгү жакшынакай экен ээ?! Апа, менде да ушундай көйнөк болобу?

Ошол учурда музыканын коштоосу менен сахнанын тереңинен аппак көйнөк, кып кызыл чыптамачан, башындагы үкүлүү топусу үлпүлдөп, колуна комуз көтөргөн Саламат Садыкова көрүнөт. (ойногон актриса эмес, өзү чыгат).

МАКСУДА: (оордунан ыргып турат) Ээ, кокуй! Биздин кыз келип калган тура.

(кыйкыра) Ай, кыз! Кыз! Мен мындамын!!!

Максуда шашкалактап чалынып чулунуп сахнаны көздөй жөнөйт.

МАКСУДА: (наалый) Бутум ооруйт. Картайдым. Баса албаганыма карабай сенин көргөнү келдим. (кол булгалай) Биз баарыбыз келдик. Тигине, Ирсалат, Кундуз. Мен! Ана Гүлбара эжекең. Айылдагылардын баары салам айтышты. Тобоо, тез эле учуп келип калганын карасаң ээ?! (күйүгө) Өрүкзарды ырдап бер. (элге) Мына, Баткендин кызы! Биздин өөрүкзардын кызы!!! (Саламатты кучактай өөп) Баарын, баарын көрдүк. Сени Франциядан көрдүм деп Баткенге айтып барам. Англис киши сүйлөп бетиңден өптү дейм. Самолет менен учуп келип бизге өзү иштеген борбордогу чоң Филармонияңдан концерт берди дейм. (кейип) Олдо, арман ай! Арман десең! Мария жеңем ушул турушуңду көргөндө эмне?.. Келчи, айланайын кыз! Кучактап бир өбөйүн.

КУНДУЗ: (элдин арасынан)

Теңир берди,

Эки кызың мөмөлүү бак, эки шаар.

Айтчы курбум,

Бул жашоодо кай арманың бар?!

МЕКЕН ЭНЕ: (Саламатты кучактайт) Баары эсимде. Баары…

Ооба, билем.

Бул бийиктик,

Жеңилдикке турган жок!

Айт алкышты, Улуу Эгем Теңирге!!!

ГҮЛБАРА: (элдин арасынан) Саламат!

Алдыңа жылдыздарды төшөп салды,

Акталды бийик эңсөөң, эмне калды?

Ак таңдай, Айгүл тоодон жаңырган үн!

Мына келди, сен күткөн, тилеген күн!!!

БААРЫ: Айт алкышты, Улуу Эгем Теңирге!!! (үндөр жаңырып кетет).

МЕКЕН ЭНЕ: Мына, Замандаш! Айгүл тоодон жаңырган үндүн баяны мына ушундай! Менин бешигимде термелген кечээки кичинекей кыз – бүгүнкү күндө Кыргыз желегин желбиретип, Дүйнө бешигинде термелип турган учуру. (Саламатка) Ал кезде тепилдеген кичинекей кара кыз элең… Сенин бүгүнкү ийгиликтериңе ишенип ишенбей өзүм да таң берип турган учурум. Бар бол, Саламат! Бар бол, кыргызымдын эркеси!!!


Аягы. 7 – май. 2013 – жыл, Бишкек шаары.


Чынара КАЛЫБЕКОВА. Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтоболот АБДУМОМУНОВ жана Аалы ТОКОМБАЕВ атындагы сыйлыктардын ээси, актриса, акын – драматург. Бишкек шаары.

 

Dec 08

Ак кептер..

КЫРГЫЗЫМ!


Кыргыз жерим Кыргыз элим улутум,

канча кылым жүрөктөрдө туулдуң.

Кыргыз жерим Кыргыз элим улутум,

кыргыз болуп жүрөгүңдө туулдум..

 

Кыргыз жери кыргызымдын конушу,

чегин коргоп кыргыз келген турмушу.

Тоолу аймак отуруктап кыргызым,

сактап келген үрп адаты турмушун.

 

Кыргыз эли Кыргыз жери байыркы,

жылуу сезим жүрөктөрдүн дарысы.

Даамын тартар дасторкону жайыла,

сыйлуу келген Кыргыз элим байырта.

 

Кыргыз эли кыргыз жери ынагым,

ынак болуп урпагында турамын.

Кылым өттү канча деген кылдары,

Кыргыз өчпөс канча деген жылдары.

 

Кыран кыргыз канча кылым көрсөда,

Кыргыз келген бөлүнбөстөн бир дагы.

Кыран кыргыз канча кылым көрсөда,

Кыргыз келген бөлүнбөстөн эч дагы.


Кылым карып учса дагы жылдары,

Кыйро болбо кыргыз элим бир дагы.

Канча жылы саналсада күндөрү,

кулабастан турмуш жолун түз дагы.

 

Кыргыз жери сулулуугу жетишкен,

урмат кылып Кыргыз эли келишкен.

Кадыр баркын урмат кылып жеткизип,

Улуу жолун Урпагына беришкен.

 

Канат болуп урпактарга келишкен,

ырыс алган куштарына берилген.

Бакыт изи канат кагып жеринен,

Кыргыз элге куту толо келишкен.

 

Байлык ырыс жазышары бул эмне?

Кыргыз эли жүрөгүнүн кебинде.

Сырын албас баары турат айлана,

куштар учар айланасы талаада.

 

Ала- Тоо ак мөңгүсү жеримдин,

асман тирейт ак булуттун желеси.

Согот дене Кыргыз деген жүрөгүм,

желбиресе кыргызымдын желеги.

 

Жери кооз Ала – Тоосу мөңгүсү,

нурлу кылар жүрөктөрдүн бирисиң.

Канат кагып учкуң келет айлана,

Күлүк тулпар күлүгүнө байлана!.


Жоомарт ТУРАРБЕК уулу . 07.12.2013.

Dec 08

Чагылган..

Атактуу куудул Асанкул ШАРШЕНОВ.

Атактуу куудул Асанкул ШАРШЕНОВ.

АСАНКУЛ БАЛБАН БОЛГОНДО.

Атактуу куудул Асанкулдун Шаршеновдун окуп жүргөндө күрөшкө түшкөн окуйасы:
Окуп жүрөм, эси дартымдын баары эле тамак, күнүнө 3 маал тамак берет. «Канды» эле жей берчү элек, көрсө анысы «винегред» тура. Училищанын деректири жана узун бойлуу Байман деген узун бойлуу зуңкуйган орус тренер эле. Бир курдай биз ойноп жатсак эле биз жака карап: «Эй ты, высокий, иди сюда» – деп эле мени чыкырып калды. Мен жаман ойумда «Кудай урду, бул дагы тамак бергени жатабы» деп далдактап чуркап бара калсам «оо, ты же второй Кожомкул, из тебя хороший борец выйдет, пойдём» – деп мени спорт залга ээрчитип кирди. Анан мага күрөштүн түрдүү ыкмаларын көргөсөтүп, машыктыра баштады. «Эгер жеңилип баратканыңды сезсең, тегерек сызыктан чыга кач, дем алып алып кайра киресиң» деп кулагыма куйуп жатты. Андан көп өтпөй күрөш залында күрөш башталды. Мага чейин кыргыз балдар чалгы тийгендей эле жыгылып жаткан экен. Мен кире калсам эле залдагы аксакалдар, «келбетиңден айланайыын» муну эмне, кайда сактап жаттыңар эле, эбак эле чыгарбайт белеңер?» – деп колдоп, сүрөп эле баталарын берип дуулдап күтүп калышты. Мага бойу кичинекей бир орус бала чыкты, негедир купшуңдап турган неме экен, ичимдеп ойлоп койдум «бул деле бирөөнүн баласы эмеспи, кой айап күрөшөйүн, өлтүрүп алыбайын» – деп койом жаман арымда. Сойуз учуру, кийим тартыш, ал күрөш мага майрам сезилип, атамдын дамбалын шымаланып кийип алгам. Орус шеригим болсо тизесинен ылдый жагы жыртылып, айрылып калган шым кийип чыкты эле, а мен аны «ии, бул дагы бир бечара үй-бүлөөдөн турбайбы» деп ойлоп койгом. Көрсө ал дамбал эмес эле «шортик» турбайбы. Биринчи эле кол карматып учураштырат экен, колумду кармап учурашканда эле колум бырыша түштү. Экинчи ышкырыкта «асыл» деген эле, бара калып баса калгычакты болбой эле, кайра мага асылып, үстүмө чыгып кетсе боло, кокуйдуку..Оой, анан бир алымдын жетишинче чамгарактай баштабадымбы. Бирде жер көрүнөт, бирде потолок, бирде лампочка көрүнөт, бирде эл көрүнөт. Тигинин колунан бошосом тырмалаңдап качам, ал кайра сүйрөп келип ортого чабат, тимеле камыр жууругандай жууруп атат мени. Өзүм өлгөнү атсам кыргыздар бакырып атышат, «тамак ичпей балее ич, атаңдын оозун урайын шал, кичине айбат кылып койсоң боло, иий ит,  мунусу тигилерден өткөн ит турбайбы өлтүрдү, өлтүрдү» – деп кыйкырып жатышат, ачууланышып. Кайра оруска болушуп, «убей его, убей дурака» дешип. Бир кезде байагынын колунан эптеп бошоно калып тырмалаңдаган бойдон качып чыктым. Өзүм араң кутулуп качып баратсам, элдер боорлору эзилип, кырааң каткырык салып, күлүп жатышпайбы. Бир кезде Байман тренерим келди, салбыратып атамдын дамбалын сүйрөп алыптыр, «Кожомкул на, одень»  деп койот. Мен тырмалаңдап качып баратканда тиги пайчадан кармаган экен, дамбалым шыпырылып чечилип калыптыр да, аны деле сезбей, жанталашып качып жөнөгөн экенмин да мен байкуш. Ошондон кийин “күрөштү биротоло таштагам” дептир да боорду эзген Асакебиз..

 

Атактуу төкмө акын Эстебес ТУРСУНАЛИЕВ.

Атактуу төкмө акын Эстебес ТУРСУНАЛИЕВ.

АСАКЕНИН АТАСЫ.

Ошол эле Асакебиз бир күнү өзү менен чогуу иштешкен Эстебес Турсуналиевдин бригадасын өзүнүн айылына гостролго чакырып калат. Ал жактан Эстекебиз концертин айактап калганда Асанкулга кайрылыптыр:
– «Асаке, айылыңа чейин келдим, эми бир жолу атаңды көрө кетейин, колунан чай ичип калган элем, ушунча келип кирбей кетип калсам уйат эмеспи» деп камданып калат. Анда Асакебиз айтыптыптыр:
«Кой кирбей эле койчу Эстеке? Атам баары бир сени тааныбайт, азыр бир топ эле карып калган» десе тигилер анысына карабай эле үйүнө бармакчы болушат.
Үйүнө келип, киргеден кийин баары менен тегерете кол кармашып учурашып чыгышат. Атасы болсо сүйлөбөй керебетте жаткан болот. Анан Эстекебиз атасынын колунан бекем кысып, «Ата кандайсыз, акыбалыңыз жакшыбы?» деп бетинен өөп учурашыптыр. Асакенин атасы дагы анын бетинен өөп койгон экен. Ошентип ал жерден тамак ичип бүтүшкөн соң баары эшикке чыгып бара жатышканда Эстеке Асакеге:
– «Атам киши тааныбай калган дебедиң беле? Алда немедей эле мени таанып бетимен өппөдүбү» десе, Асакебиз минтип айтат дейт..
– «Туура, Сени кемпирим» деп өөп жатпайбы деген экен..

ээ 6КӨК ЭЧКИ..

Балалык кезим, 4-5 жаштагы убагым болсо керек эле. Авамдын эгиз көк эчкиси боло турган, бири ушунчалык сүзөөнөк дейсиңер, тимеле анын кылыгы ааламда жок эле. Колумдагы чыбыгыма да карабай, көргөн эле жерден кубалап жүрүп сүзүп, калашынча эрмектей берчү. Сүзгөндө да жөн сүзбөстөн «опуту» менен кээрилип туруп, эки алдыңкы бутун тик көтөрүп келип сүзүп, черин жазмайынча эс алчу эмес. Эгерим сүзгөндөн тажабаган нем болчу. Авам «эчкилерди айдап келгиле» дегенде эле иним экөөбүз бири-бирибизди карап «барбайбыз, көк эчки сүзө берет экен»  деп ыйлап баштайт элек. Бир күнү авамдар уй сааганы сарайга кетишкен. Үйдө өзүм эле жалгыз калып, эшиктин айланасында жыргап ойноп жаткам. Бир маалда капысынан артымды карай калсам эле байагы көк эчки мени карап турат. Качан келип калганын да байкабай калыптырмын, турат мени тиктеп койуп. Ошол жерден чаңырган бойдон үйдү көздөй качтым дейсиңер, катуу корконумдан чоң эшикти да жаппай кирип кетиптирмин, көк эчки артымдан кубалаган бойдон кошо кирип келсе боло.. Мына сага анан, көк эчки мени жүккө такап алып ой бир эзгилеп сүзгөнү ушул күнгө чейин эсимде. Чаңырып, бакырып атам, өкүрүп атам, кыйкырып атам, бир маалда ары жактагы бөлмөдө бир эже бар экен, ошол үнүмдү уга калып, чуркап келип көк эчкиден ажыратып, ээ 6мени аман эсен куткарып калган. Ошентип балалыгым көк эчкинин тайагына бышып, аны менен алышып жүрүп чоңойгом. Кийин шаарга кетип, анан көптөн кийин айылга барсам байагы көк эчки бир кыйла эле карып калыптыр. Байкуш, жанына басып барсам сүзгөн жок, бирок мага салам берди..  

Чыңгыз АСЫРАНКУЛОВ. Маскөө шаарынан. 07.12.2013.