Кылыч..

Кыргыздын Кылычы.

Кыргыздын Кылычы.

АТАСЫ БАЙЛАРГА.

Айыкпай жүргөн жарасы,

Ак калпак элдин чаласы!

Алеша болуп чоңойгон,

Ар кошкон журттун арасы!

Арманым айтам, угуп кой,

Атасы байдын баласы!

 

Өткөндүн тийип эпкини,

Өзүңө кезек жеттиби?
«Сатамын» деген сары оору,
Сарыгып, башка тептиби?

Эми эле болгон окуя,

Эсиңден чыгып кеттиби?


Абаны тешкен ок элек,

Алообуз даяр чок элек.

Аламан түшүп удургуп,

Аянтта жүргөн топ элек.

Капырай, анда бириңдин,

Карааның көргөн жок элек.

 

Өлкөсүн көрүп сатылган,
Өлүмгө тике катылган,

Салгылаш үчүн келгендер,

Сап-сапка түшүп атылган.

Сарайдан качып сасыктар,

Сарылар жакка жашынган.

 

Атылган октон эселеп,
Айкөлдүн духу көкөлөп,

Ажалдуу жаштар Ак Үйгө

Апкелген болчу, жетелеп.

Айтылган Ата Бейитте

Антыңар эстен кете элек.

 

Талоонго түшкөн түн болду.

Табалап турган күн болду.

 Өлгөндөр үчүн өч албай

Өрттөнүп жаным күл болду.

Кан ичме зөөкүр душманды

Качырып ийген ким болду?

 

Тактынын күчүн сездиңер,

Талашып жүрүп жеттиңер.

Мыкаачы жолун тосо албай

Мыйзамга шылтап кестиңер.

Үмүттүн отун өчүрүп

Үч жылдан артык эздиңер.

 

Башкача жолу жок сыңар

Башмыйзам күүсүн создуңар.

Жат элдин сөзүн былгыткан

Жандардын баарын коштуңар.

Кечээки чыккан жаштарга

Кеңешип койгон жоксуңар.

 

Жөөттөн арткан зил калды.

Жөөлөгөн орус тил калды.

«Жарандык экөө болот» деп

Жашынып кирген жин калды.

«Сатылсын» деген жол-жобо

Сакталуу бойдон тим калды.

 

Бийликке жеткен жаныңар,

Билинип калган алыңар.

Уурунун жолун кыя албай

Ууланган окшойт каныңар.

Бүгүн да турат элестеп

Бурулуп кеткен далыңар…

 

Тактабай сөзүң тантырап,

Тарыхты кирдиң аткылап.

«Орус» деп айкөл Манасты

Ой-тоону жүрдүң чапкылап.

Оозанаар кезде андайды

Окудуң бекен жакшылап?

 

Калкыңа көөнүң бош болду,

Кастарың кайтып дос болду.

Эмгиче дайны чыкпаган

Эскинин дарты козголду.

Ак менен кара билинбей

Азыркы заман боз болду.

 

Алтынды күтсөк жез келди,

Ачыла турган көз келди.

Андагы далай кылыгың

Айтыла турган сөз келди.

Кечирип жүргөн кең кыргыз

Кече албай турган кез келди.

 

Кулагын кесип, кан кактап,

Кумарга батып дардактап

Өчөшкөн кыргыз балдарын

Өлтүрүп турган таңгактап,

Уурунун кески башчысын

Узатып койдуң ардактап.

 

Оюнчук көрүп элиңди

Оодарып алба жериңди.

Бооруңду ачып башкага

Бошотуп койдуң белиңди,

Казакка берген сырыңды

Калганы билбейт дедиңби?

 

Кыргыздын мүлкү таланып

Кылактайт, өкмөт таранып.

Тагдырын көрбөйт, тарыхты

Таш күзгү кылып каранып.

Санаасы кайра баягы –

Сатсам деп турат жаланып.

 

Кесегиң менен майдаң бар,

Кезекке туруп сайган бар.

Эскинин түшсөң жолуна

Элиңе канча пайдаң бар?

Өлкөнү кайра сатсын деп

Өлбөсө керек кайрандар?

 

Эгемен журттун чатыры!

Эзелки тактын жакыны!

Эл-журтуң үмүт үзө элек.

Эсиңе келчи, акыры.

Жакшылап азыр жаппасаң

Жаман-жуман жерлериң

Жалжайып бара жатыры…


Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ. (Кыргыздын кылычы)

5 thoughts on “Кылыч..

  1. ЧОКУЛАР КАЙДА БАРАТАТ…

    Эй, Замандаш!
    Кезинде айтып калбасак,
    Атасы сөздүн өлбөйбү.
    Атагы чыгаар бирөөнүн…
    А, азабын элим көрбөйбү!
    Сүйлөбө десе, «Бийлик акем!»
    Үн катпай, башты каталы.
    Бирок ээси эл эмеспи…
    Тең бычып баасын,
    Анан шашпай саталы!

    Мына кара!
    Каркыра кетти «какеме»,
    Чокулар кетсе «океме».
    Буйрубай жерим калабы…
    Буюгуп жаткан «кыкеме»?!
    Бабасы көрүп баспаганга,
    Баарын берип жатабыз.
    Жоруктар сыйбайт көөдөнгө,
    Жоо чапса кайда качабыз?!..
    – Тоодо өскөн элбиз! – деп,
    Баарына эле томук кылабыз.
    Бирок жашоо кыйындап барат…
    Күмөн менен жашап турабыз.

    Ыя, замандаш!
    Эртеңки күн кандай болот?..
    … Бийлик жумса жумаар көзүн,
    Журт көзүн жумбай жатпайбы.
    Азыркы кеткен катаны элим,
    Жүз жылдан кийин айтпайбы?!
    Жакпас жорук Жаратканга…
    Болуп эле атпайбы, кокуй!
    “Кошуна” элдер сокур бекен,
    Эртең эле айтпайбы, кокуй!
    Ушунча март элбизби?..
    Энчиңе баскан дүйнөңдөй,
    Эшикти эле аттаганга…
    Баары – жогуңдун баарын,
    Энчилегенче шашабыз.
    Кекетип бизди жаткандыр,
    Кейип бир Манас атабыз!

    Туурабы, элим?
    Келгендер деле кур кетпейт.
    Күлүктү тартып алдына,
    Карматтык колго камчыны.
    Баш кийим менен чапанды,
    Кийбеген адам калбады.
    Ийинде чапан, башта калпак,
    Коноктун барбы арманы?!..

    Эмдиги кезек,
    Чокуларга жетти бейм.
    Келген эле “Өкмөтүм”,
    Асылып калды чокуга.
    Кагылайын калың журт,
    Касиеттин баары чокуда!
    Эгер минтип олтурсак…
    Көк мелжиген Ак чокулар,
    Эми, кыргызча эмес,
    «Великийлер!!!» – деп,
    Оо, кокуй, орусча окулабы?
    Кечиргиле ыйык тоолор?
    Ыйыгым, бабам сыйынган.
    Бийик тоолор, ак чокулар?!
    Бийиктигиң көтөрө албай,
    Белекке берип жатабыз!
    Бооруңа каткан калың элиң,
    Жоо чапса кайда качабыз?!

    Өкүнүчтүү, ооба, өкүнүчтүү!!!
    Ага деле, буга деле, тигиге да…
    Устукандай тартылып.
    Чекесинен кертилип,
    Тоолорум кетип баратат.
    Катыгүн!
    Кыргыз не болду? – деп,
    Коолорум кетип баратат.
    Кылымдык кыргыз энчисин,
    Кай кыргыз качан жаратат?!
    Тартууга кеткен кул өңдүү,
    Таарынып тоолор кетеби?
    Өз жерге өзү ээ болбогон,
    Өлкөбүз эми өсөбү?!..

    … Эмдиги кезек тоолордо,
    Анан колот, коолордо.
    Мынча болду, он эки санды,
    Устукан кылып бөлөлү.
    Намыс кылып неси калды,
    Наалыбай эле өлөлү.
    Манас жыйган кайран эл,
    Мансапты кармап не кылат.
    Көкүрөктү чапкылап келдик,
    Көк тиреген чокуну бердик.
    Ыя, «Кыкелер?!»,
    Эми, эл жерди деле берели!
    Кыргыз жер менчик болбосо,
    Кыйналып кыргыз не кылат.
    Ансыз да элим карайлап…
    Баары жогун сатканы турат!
    Ооп келген элбиз деп…
    Кытайга, же…
    Ооганды көздөй көчөбү?..
    Далай кылым карыткан кыргыз,
    Кийинки…
    Кылымдарга жетпей өчөбү?!

    Айтпайын дейм,
    Тил сайрайт.
    Көрбөйүн дейм,
    Ич кайнайт.
    Кесириң тийип кокуй күн,
    Тоого жетпей калбайлы.
    Кекетип чындап томсорсо,
    Сууга жетпей калбайлы.
    Мөңгүлөр төмөн акпастан,
    Маңгилик тоңуп калбасын.
    – Касиетим билбедиң! – деп,
    Силкинип… кегин албасын…
    Конокко төрүн ээлеткен,
    Кетирген катуу кемтигиң.
    Көрүнгөнгө бергидей,
    Тоолор эмес менчигиң!!!

    Пендечилик! Пендечилик!!!
    Оо, Теңирим!
    Мен да пендеңмин да…
    Ойлорго чыны не келбейт.
    Мелжиген Чүй тоолорун,
    Алыкулга не бербейт?!
    Ар намыс кайда кыргызым?!
    Алп Чынгыздын чокусунан,
    Алакандай желек көрбөдүк.
    Чыркырап… калп кыйкырык…
    Чын намыстан өлбөдүк!!!

    7 – январь. 2011 – жыл.
    ЧЫНАРА.

    ТААРЫНТЫК СЕНИ ЗАМАНЫМ

    Тарпыңды тытып …
    Кетирип сының,
    Таарынттык сени Заманым!

    Өтүп жатат,
    Күндөр күндү сабалап.
    Ойлоп баарын,
    Ой туюкка камалат.
    Каарынан коркпой,
    Тепкиледик Заманым.
    Түңүлүп карайм,
    Жамандык кайдан жаралат?!
    Элдер жүрөт ач – жылаңач,
    Көздөрүнүн кунары өчкөн.
    Жүздөрүндө жылмаюу жок.
    Ар кебинде Заманды сөккөн.
    Болду бекен жээригендер,
    Бизге чейин жашап өткөн?!
    ….
    Ана кирди даагы ашатып…
    …..
    – Заманың дурайын!

    – Мурунку заман эле жакшы болчу.

    – Раматылык СССРди айтасыңбы?

    – Ооба. Анан эмне, сени айтып жатамбы?!

    – Болду эми кыйкырбай. Мен деле…

    – Заман бузулду! Заман бузулду!

    – Ушул да жашообу?!

    – Оо, Жараткан!
    Ушундай заманга туш келдикпи?!

    – Акыр заман деген ушул! Ушуну көрмөкпүз!

    – Акыр заман болбой аңтарылып кетсин!!!

    – Тек! Оозуң жаман экен!

    – Болгонун айтам да. Койчу!

    – Заман! Заман! Заманың урайын!!! Заман деп…

    Уктуңбу Заманым?
    Не деп жатат адамың?
    Баары ачуулуу, баары ызалуу.
    Сөздөрүнө кулак төшөп,
    Сылтый түштү кадамым.
    Укпа сөздү, куру даттар,
    Кечир бизди, Заманым?!

    Өзүмө өзүм жаадырып суроо,
    Жооп таппай какалам.
    Уккан сөздү талдай берип,
    Туңгуюкка такалам.
    Тойбосо курсак,
    Топук кылган…
    Көздү кайдан көрөсүң?
    Тойгондор көңүл бурбаса.
    Ачты ач кантип жөлөсүн.
    Баш калкалаар кепеси жок,
    Патирлерде жүрүшөт.
    Бар тапканын ага берсе,
    Кайсы арына күлүшөт.
    Качан өкмөт бизди угат? – деп,
    Какшап кулак түрүшөт.

    Эх, Заманым! Заманым!
    Кор болду го, адамың…

    Төрт чарчы жерге ээ эмес,
    Айтсак түгөнбөгөн жомок.
    “Төркүнгө” батпай кыргызың.
    Өз жеринде өзү “конок”.
    Капчыгы кайдан толмокчу,
    Патирчилер алса тоноп.
    Ууланып барат пенделериң,
    Убадасы улуктун,
    Деги качан, качан болот?!..
    Жели да калбай калды элдин,
    Жетпеген жашоо канды соруп.
    Көбөйүүнү унуткан кыргыз,
    Көр тирлигиң алган тооруп.
    Көрүп жатасыңбы, Заманым?
    Өз элинде кул болгон,
    Кокуй күн! Кокуй күн!
    Бул кандай жорук?
    Бул кандай жорук?!

    Багынттык момун элди! – деп,
    Сырттан келген бизге күлөт.
    Тазалап акыр-чикирин…
    Кол менен жууп кирин,
    Таштанды төгүп нан үчүн,
    Боюнда бар келин жүрөт.
    Канча төлөйт “кожоюну”,
    Өзү анан Кудай билет!
    … Токтоолук менен,
    Сыр алдырбай сөзүн уктум.
    Ичиркентти шамаалы,
    Буулуккан буктун…
    – Ушул да жашообу, эже?!
    Башка заманда эле туулбай…
    Карыш жерге ээ кылбай,
    Какшатты го бул заман…
    … Наалып кирди Заманга.
    Ээрдим тиштеп унчукпадым,
    Акааратын…
    Неге айтпайт адамга.
    Жерди берген,
    Жерди бөлгөн…
    Бийлик кылган адам да.
    Анан неге жалаа жаап,
    Жабышабыз ЗАМАНГА?!

    Оо, Теңирим!!!

    Энчибизди алалбай,
    Эзип салдык Заманды.
    Неге пендем көрбөйбүз,
    “Ээлик” кылган адамды?
    Тегирменге жанчылдык,
    Тездетсек боло кадамды.
    Сыпайы кыргыз бизбизби?
    Сыйрып салдык Заманды!
    Күнөөнү артып Заманга,
    Көрбөйбүз неге жаманды?!
    Карып болуп кыргызым,
    Качанга дейре өмүр сүрөт?…
    Өз жеринде сандалганын,
    Өзгөлөр көрүп сырттан күлөт.
    Жашы да бар, кары бар,
    Көр тирлик ай, куруп кал.
    Кыш –кыш этип демин тарта,
    Ак чач болгон кемпир жүрөт.

    … Эх, Заманым! Заманым!!!
    Тайгак жол, тар кечүүгө камалдыкпы?
    Токтор ачты көрбөгөн,
    Адам пейли бузулуп,
    Тытылган чапандай жамалдыкпы?!
    “Общий домго”, каран күн,
    Ооп келгендей батпадык.
    Кенен сунуп кол бутту,
    Өз төрүмдө жатпадык.
    Эне тилди уят көрүп,
    Бөтөн тилди жаттадык.
    Көлөкөнү табалбай,
    Күнгө башты кактадык.
    Акыйкатты айткандар,
    Ажообузга жакпадык.
    Зынданга салып койсо да,
    Сыпайыкерчиликти сактадык.
    Көкөйгө тийди көр тирлик,
    Жашоонун көзүн таппадык.
    Көп балалуу кыргызга,
    Патирден патир калбады.
    Акчасын сунуп турса да,
    Балаң бар! – деп, албады.
    Чүрпөлөрүн жетелеп,
    Чүрүшүп кайда барбады.
    Эми жүрөт тигинде,
    Төрт чарчы жерди алганы!..

    Ай, Заманым! Заманым!
    Тагдырына таарынып,
    Сандалды канча адамың.
    Көрүңдө гана өкүр! – деп,
    Көргөзбөй канча жаш төгөт.
    Сооротуп анан өздөрүн,
    “Соолугур!!!” – деп, сени сөгөт.
    Ана, даагы угуп ал,
    Кекетип даагы баштады.
    Атаны кокуй кургурлар,
    Бетиңди тытып таштады.

    – Заманың дурайын!
    – Заман бузулду!
    – Акыр заман келди! Мына!
    – Заман кайда барат?!
    – Илгери заман жакшы болчу ээ?
    – Илгерилебей өл! Сен эле…
    – Мейли күйүп жатпайбы.
    – Ушул да заманбы? Ия?!
    – Көрүп турам. Жашоо…
    – Эмнени көрүп турасың? Дурайын!
    – Сөкпө мени! Сен эмне?…
    – Сени менен ишим эмне, барчы.
    – Сага тиешеси жок.Тиги, заманды…
    – Э-ээ…заманды де…

    Эй, пенделер! Пенделер!!!
    Кененин билип Замандын.
    Каткан бугуң чыгарып,
    Сөктүң ээ?
    Сөктүң адамым.
    Бузулса сен айткандай,
    Көтөрөт беле Заманым.
    Акараат тил тийгизбей,
    Артка алгын жаман сөзүңдү.
    Акыйкатка тике карап,
    Ачсаң бир боло көзүңдү.

    Ачуулуу кептер айтылып кетти,
    Кечиргин баарын Заманым.
    Табалбай жандын айласын,
    Талаалап жүрөт адамың.
    Баар тапсын баары жашоодон,
    Далыңды салбай карагын.
    Жазылган бешенесине,
    Аткарып жашоо талабын.
    Жашай берет адамдар,
    Жакшы жашоо бер, Заманым!

    …Тарпыңды тытып,
    Кетирип сының
    Таарынттык сени ЗАМАНЫМ!!!

    ЧЫНАРА. К.

  2. ЧЫНГЫЗ АГАМА

    Залкар адам өттүбү?
    Улуу тообуз көчтүбү?!
    Кууган ажал жеттиби,
    Кадырлуу кыргыз элинин,
    Кептери учуп кеттиби?!

    Тоо – суулар кошот кошокту,
    Салгандай журтка тозокту…
    Анда мен кошом кошокту,
    Ааламга салган тозокту:
    – Аалам кезген агамды,
    Ажал кантип таап алды?
    Далай адам төрөлөт,
    Чыңгыздай кими жана алды?!
    Эмгекти элге жасадың,
    Канча сапар арытып.
    Жарашпайт беле, – Катыгүн!
    Кылымды койсоң карытып.

    Дүйнөгө Сиздей келеби,
    Сурасак Теңир береби.
    Жылдыз өчпөс болсочу,
    Чынгыз өлбөс болсочу.
    Адам! – деген атты алган,
    Агам өлбөс болсочу!!!

    Оо, арман!
    Шум ажал Сизди алса да,
    Ааламга чуусун салса да.
    Кыргыз элим турганда,
    Кылымга өчпөйт атыңыз.
    Кыргыз барда, Сиз барсыз,
    Чынгызым, алтын башыңыз!

    Төрөгүн эне, төрөгүн эне,
    Төрөгүн уулду Чыңгыздай.
    Жарыгын чачып Ааламга,
    Жанып бир турсун Жылдыздай!
    10- май. 2008 – жыл.
    (1928-ж. 12.12.)

    КЕЛ, НООРУЗУМ!

    Жаз келди, жаңырган жыл айланып,
    Нооруз келди, аппак жоолук байланып.
    Кыргызымда дайым болуп ынтымак,
    Кыргызыма, Кут консун! – дейм, айланып!

    Кел, Ноорузум, шашып кел,
    Улуу тоону ашып кел.
    Элим күтөт ар жазда, (Кайырма)
    Молчулукту катып кел!

    Кыргыз эли эзелтеден бейпил эл,
    Улуу Теңир өзү бизди корусун.
    Дасторкондо кенен болсун наныбыз,
    Токчулуктун ыры сенсиң, Ноорузум!

    Кел, Ноорузум, күлүп кел,
    Желдей сызып жүрүп кел.
    Кыргызымдын жашоосуна, (Кайырма)
    Бүт бакытты сүрүп кел!

    Бийлеп сага, шаңдуу обон созоюн,
    Жүрөгүмдөн зор кубаныч кошомун.
    Бүгүн эмес, эртең эмес, ар качан,
    Ноорузумду кучак жайып тосомун.

    Кел, Ноорузум, шашып кел,
    Улуу тоону ашып кел.
    Элим күтөт ар жазда, (Кайырма)
    Молчулукту катып кел!
    11 – март. 2009 – жыл.
    АЯЛДАМАДА ЖАТКАН АЯЛ

    Жерге оонап,
    Өз денесин кармай албай.
    Жатты аял,
    Турган элди алдай албай.
    Калп ырсайып,
    Күлүп койду ары жогум.
    – Тартып койчу?!
    Жаш жигитке сунду колун.

    Чыйт түкүрө,
    Басып кетти акырайып.
    А, тигиним,
    Деле болбойт бакырайып.
    Карап турду,
    Бири дагы кол сунбады.
    – Тургузуп кой!
    Кары киши көз ымдады.

    Жийиркенип,
    Карап турду тигил эркек.
    Араң сунду,
    Ичинен сени жектеп.
    Тегеректеп,
    Үн катпастан тургандар.
    Баары кыргыз,
    Оо, ары жок ургандар!

    – Кыргыз аял экен ээ?
    Энесине шыбырады турган кыз.
    – Куруп кетсин, кыргыз экен.
    Капталдан бирөө күңк этти,
    – Үй – бүлөсү бар болду бекен?
    Кары эне заманасы зар болду,
    Кенен дүйнө ушул кезде тар болду.
    Кеп келтирип асыл аял затына,
    Качан эле тентигендер болду эле.
    Жийиркенип карагандар калбады,
    Бирок даап бири жакын барбады.
    Оонап жатты тигил аял чочкодой…
    -Арактын иши! Арактын иши!
    Аны ичкен кишиде ар барбы.
    Өйдө жат де!
    Жердин суугу өтпөйбү…
    Бир жекире тиктеди эне суз.
    Жакасын кармай,
    Баш чайкады,
    Башы жок тигил аялга.
    – Үйдүн Куту,
    Оо, Жараткан, аял да!
    – Мени эмне тиктейсиңер?!
    Шилекейи чууруп,
    Аял жатты аялдамада…
    13 – март. 2009 – жыл.

    ЭСТЕБЕС АГАМА
    (СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевге)

    Калкым деп төккөн термени,
    Кадыры элең элимдин.
    Карааның нардай көрүнгөн,
    Сыймыгы элең жеримдин.
    Олтурган эле жериңден,
    Оозуңдан ырың төгүлгөн.
    Айтылуу сенин өрнөгүң,
    Атасы элең төкмөнүн.
    Таң атканча төксөң да,
    Танган элди көрбөдүм.
    Томсортуп бизди кетсең да,
    Эстеке,
    Эмгегиң менен өлбөйсүң!

    Ыр чыккан жерде Сизди айтам,
    Ырчынын Пири! – деп, айтам.
    Таң калтырган дабанды,
    Таң булбулу –деп айтам.
    Өзүңө окшош чыкканча,
    Өзүңдөн башка кимди айтам.
    Кетсең да элден алыстап…
    Ырларың бизден кетпеди.
    Кылымга устун тургуздуң,
    Кыр Ааламды беттеди.
    Кыргыз деген – Менмин! –деп,
    Чачырап турат Жылдызың.
    Көз жоосун алат көргөндүн,
    Башыңда топу кундузуң.
    Кылымдар өлбөс акыным,
    Кылымга устун тургуздуң!
    5 – май. 2009 – жыл.

    ТИЛЕК ЫРЫ
    (Атам Сейитбек менен апам Анашка арнайм)

    Бала элек кулун – тайдай секирген,
    Оо, балалык далай ката кетирген.
    Али деле, бала бойдон жүрөмүн,
    Эркелетсе, атам менен энекем.

    Сездик эми, тарткан түмөн түйшүгүн,
    Алдейлеген атам менен энемдин.
    Бул дүйнөдө эч нерсеге теңдешсиз,
    Алтын энем, Ай – Ааламга теңедим.

    Кем болбогун бул жашоодо балам! – деп,
    Далай алгам, атакемдин батасын,
    Баарыбызга эсендикти Теңирден,
    Билем эне, сен да тилеп жатасың.

    Кантип айтпайм, бердиң болгон күчүңдү,
    Күн өтөт деп, күндөн сактап жүзүмдү.
    Түн уйкудан далай калып эмизген,
    Алтын Энем, кантип актайм сүтүңдү?!

    Атам – энем менин бүтпөс ырларым,
    Силер менен ачам жашоо сырларын.
    Жүрүп турган бүт денемдин канындай,
    Силер барда, сезем жашоо жыргалын.

    Аскар – Зоодой, менин алтын атакем!
    Тирегимсиң, сен барыңа кубанам.
    Тирүүчүлүк көрсөтпө! – деп, өксүүнү…
    Теңиримден күндө тилеп, суранам.

    Балалыктан кетет күнөө байкабай,
    Кечиргин дейм, кетирсем мен катаны.
    Айдайым! – деп, эркелеткен асылым,
    Аскам болгон атам берсин батаны.

    Аппак жүзүң Айга да тең, Күнгө тең,
    Мен таппасмын бул Ааламдан сендей кең.
    Жаман жээниң кем болбосун жашоодо…
    Ак батасын берип койсун, энекем!

    Жаш ылгабай, жашыңа да, карыңа,
    Ушул бата тийсе деймин баарыңа.
    Шагы ийилип бышып турган жемиштей,
    Балдар ойноп, күлкү чыгып багымда.

    Алган элем далай бата карыдан,
    Эми сурайм, ак батаны баарыңдан.
    Балдар чыксын оттон – суудан коркпогон,
    Жаралгандай жалаң эле жалындан!

    Кыдыр Ата өзү келип бергендей,
    Күүсү келет алган Улуу батанын,
    Тирүүлүктө мындан улук эмне бар?
    Ак батасы, эне менен атанын!!!

    7 – июнь. 2009 – жыл.

    НЕБЕРЕМЕ
    Калыйманым!
    Калкыңдын жүгүн көтөргөн,
    Кыраандардан болсоң дейм.
    Калыстыкты как жарган,
    Чыгаандардан болсоң дейм.
    Зоболосу эң бийик,
    Залкарлардан болсоң дейм.
    Калыйман сулуу кыргызга,
    Канайымдан болсоң дейм!

    Каникейдей энемдин,
    Кайратын берсин деп тилейм.
    Кыз Сайкалдай эжемдин,
    Айбатын берсин деп тилейм!
    Улуу Чынгыз атамдын,
    Урматын берсин деп тилейм.
    Башыңа кетпес бак конуп,
    Барлардан болсоң деп тилейм.
    Журттун жүгүн көтөргөн,
    Жүрөктүү болсоң деп тилейм!!!
    20 – август. 2009 – жыл.

    БИЛБЕЙМ ЖАШОО…

    …Бул кездешүү
    Мурдагыдан башкадай,
    Ойго салды
    Турмуш жолун ачкандай.
    Бирок дагы
    Менде чоочун күмөн ой,
    – Шашпагын! – дейт,
    Даагы кемтик тапкандай.

    Көздөр гана
    Шектүү тиктейт алыстан,
    – Мүмкүн ушул
    Сенин күткөн адамың!
    А, мен турдум
    Жооп таппай суроого,
    Сезденткендей
    Жашоо деген жалганым.

    Ай, жашоо ай!
    Неге салдың күмөнгө?!

    Колун сунуп
    – Кел бери! – деп, турса да,
    Кыйгач бастым
    Кол сунбадым, барбадым.
    Көңүл түшүп
    Күткөндөй болгон жүрөгүм,
    – Кечир мени?..
    Мен өзүмдү алдапмын!

    Сени аяйм,
    Чыным айтсам сыйлаймын.
    Күткөнүм бар,
    Мен да зарлап ыйлаймын.
    Тирүүчүлүк
    Мынча белем тозогуң,
    Бири алыс…
    Жакын жерге сыйбаймын.
    Билбейм жашоо
    Чыны менен жалганбы?
    Адамдардан
    Көңүл мынча калганбы?..
    5 – январь. 2011 – жыл.

    КУСА БОЛУП ЖҮРГӨНДҮР…

    Тозогуңа тоңуп кеттим кусалык,
    Кыял жетет, кол – бут жетпейт тушалып.
    Учурунда жаштык менен кетирген,
    Каталыгым… мууздап барат күч алып.

    Бизди кошкон «Нике – Кайып» каякта?!
    Бирге сүзбөй биз эңсеген кайыкта.
    Жарым, жаным! Баары кетти өзүмдөн.
    Жазалагын! Каалашыңча айыпта!!!

    …Кезигээрбиз, же кезикпей өтөөрбүз,
    Турмак белек, акыр бир күн кетээрбиз.
    Кол жеткирүү баарысына эң кыйын,
    Тилейм сага, чын өмүрдүн чын сыйын.

    … Мүмкүн ал да куса болуп жүргөндүр,
    Ак жеринен наалат угуп күйгөндүр.
    Мен айткандай, ойлонбогон ошол сөз…
    – Оо, дүйнөдөн кезигем! – деп, жүргөндүр.
    5 – январь. 2011 – жыл.
    СЕН КЕТКЕНДЕ…
    (Төкмө акын Майра Керим кызына)
    Кош тулпарың,
    Комуз менен домбра.
    Коштоп өтөөр түбөлүккө өзүңдү…

    Сен чыкканда сахна толо түшчү эле,
    Чынында да сендеги сыр күчтүү эле.
    Айдай толуп, ачылып турган кезде…
    Майра курбум,
    Баарын таштап кеттиң неге?!
    Кайран Майра,
    Эркеси элең кыргыз элдин,
    Булбулу элең,
    Кут түшкөн кыргыз жердин.

    … Эрте өчтүң. Эл кызы көз тийдиби?..
    Каарына бул ооруунун кайдан калдың?!
    Билгенде кетээриңди мынча эрте…
    Кагылам кайран курбум, неге жандың?!

    Жабышкан дарт жанды эзип кыйналдың,
    Кайдан келип, жабышты курган кесел.
    Сыр алдырбай чыдап жүрдүң баарына сен,
    Адам деген шул экен го, келээр… кетээр…

    Тигине,
    – Айтышта эми бизди ким алат? – деп,
    Комузуң күңгүрөнүп… боздоп турат.
    – Майранын үнүн эми укпайбыз! – деп,
    Муңканып домбраңдын үнү чыгат.
    Экөөсү бир сыздашат: – Майражан! – деп,
    Анан да: – Кыйылдыңбы, гүлгүн курак?!
    …..
    Сен кеткенде…
    Жумурай журт, калың кыргыз эл ыйлады.
    Эл гана эмес, бороон боздоп, жер ыйлады.
    Тыптынч жаткан Ыссык – Көл буркан шаркан…
    Таштадыңбы, мени деп, Көл ыйлады!

    Сен кеткенде…
    Майранын үнүн эми укпай калдыкпы? – деп,
    Казак элиң… өскөн жериң… чоң калаалар…
    Ботосунан адашкан Боз ингендей,
    Боздоп турду, боздоп турду боз талаалар…

    Кош Майражан!
    Кош жез таңдай, асыл курбум!!!
    Күлүк элең, баш байгени бербеген,
    Жарк этип бир көрүнүп, кайра өчтүң.
    Кыздардан чыгаар бекен сендей акын…
    Булбулу элең шаңшыган улуу көчтүн!!!
    5 – январь. 2011 – жыл.

    СЕНДЕГИ ТАЛАНТ КЕЛГЕН УЛУУ ТООЛОРДОН
    (Сүрөтчү Шарип Жайлообаевге)

    Сендеги талант,
    Келген улуу тоолордон.

    Этюднигин асынып,
    Иш калды деп ашыгып.
    Театрга келе жатат,
    Сүрөтчү жигит шашылып.

    Театр жүгүн көтөргөн,
    Өз ишинин устасы.
    Өлбөс, өчпөс иш жасоодо,
    Кенжелердин – Устаты!

    Ак – Сай, Арпа мекениң,
    Батасын берип жаткандай.
    Аткарылып тилектер,
    Ар күнү ишке ашкандай.

    Ак чокулуу, Теңир тоо,
    Арасында өскөнүң.
    Бой жеткенде сапар алып,
    Кең борборго көчкөнүң.
    Ийниңден түшпөй этюдник,
    Ийгилигине жеттиң көксөөнүн!

    Театр, кино, көргөзмө,
    Баарына колуң жеткендей.
    Даагы бергин эмгекти,
    Дайра ташып көчкөндөй.
    Анан калат артта издер…
    Улуу Залкар өткөндөй!

    15 – февраль. 2011 – жыл.

    Залкарлар баскан жолдосуң
    (Актриса Авазкан Кудайбердиевага. Ош театры)

    Катып калды сен чыкканда зал ичи…
    Сүрдүү сулуу, сен жаңылык ачтыңбы.
    Басыгыңдан, бой келбетиң келишкен,
    Курманжандын сүрүн сенден таптымбы.

    Бул көргөнүм мурдагыга окшобойт,
    Баары бышып, жетилгендей көрүндү.
    Нечендеген Курманжандын ичинен,
    Бул Курманжан бир башкача бөлүндү.

    Байкашымда башкалардан жакындай…
    Мүмкүн, суудан же абадан болбосун?
    Датка басып өскөн жерлер бул кызга,
    Кантип эле, таасир бербей койбосун.

    АВАЗКАН деп, сенин атың койгондо,
    КУРМАНЖАНдын духу сага келгендей.
    Элдин кызы болсун ушул кызым! – деп,
    Датка энем өзү ак батасын бергендей.

    Сахнанын болуп жылдызы,
    Кыздардын болуп кундузу.
    Көкөлө сахна Периси!
    Кыргыздын сенсиң жылдызы!

    Кол кармашкан жубайың,
    Колдоп сени жүрсө дейм.
    Курманжандай сүрүңдү,
    Көз караштан билсе дейм.

    Токтобек, Дүйшөн, Искендер,
    Назира, Гүлайым, Турганбүбү,
    Надырбек, Марат, Акылбек…
    Залкарлар баскан жолдосуң.
    Намысын бийик көтөрө жүргүн,
    Чоң театрдын Дөөтү колдосун!!!

    27 – март. 2011 – ж.
    Дастан болуп баратат
    (КРнын Эл артисти Назира Мамбетовага)

    Кантип айтпайм, Залкар! – деп, эжекемди,
    Кайран 40-жыл далай кырдан өтүп келди.
    Сыны дагы, “тыңы” да кайрап – кайрап,
    Аягында, – Залкар! – деген атты берди.
    Курманжандай кубатты Теңир берген.
    Кыргыз кызы кубулуп миңди жеңген.
    Көрүп алгын, мына минтип бул күндө,
    Өнөр ээси! Корифей! – деп, чыга келди.

    Ар замандын Залкарларын айта келсек,
    Ар бирине татыктуу баасын берсек.
    Кылым көчүн улаган өнөрлүү көп…
    Кыргызымда аталган – Корифей! – деп.
    Бул эжеме кандай айтсак жарашат,
    Бакен дешип, сугун артып карашат.
    Азыркынын Бакени – Назира эжем,
    Кылымды кууп, дастан болуп баратат.

  3. ЧЫНГЫЗ АГАМА

    Залкар адам өттүбү?
    Улуу тообуз көчтүбү?!
    Кууган ажал жеттиби,
    Кадырлуу кыргыз элинин,
    Кептери учуп кеттиби?!

    Тоо – суулар кошот кошокту,
    Салгандай журтка тозокту…
    Анда мен кошом кошокту,
    Ааламга салган тозокту:
    – Аалам кезген агамды,
    Ажал кантип таап алды?
    Далай адам төрөлөт,
    Чыңгыздай кими жана алды?!
    Эмгекти элге жасадың,
    Канча сапар арытып.
    Жарашпайт беле, – Катыгүн!
    Кылымды койсоң карытып.

    Дүйнөгө Сиздей келеби,
    Сурасак Теңир береби.
    Жылдыз өчпөс болсочу,
    Чынгыз өлбөс болсочу.
    Адам! – деген атты алган,
    Агам өлбөс болсочу!!!

    Оо, арман!
    Шум ажал Сизди алса да,
    Ааламга чуусун салса да.
    Кыргыз элим турганда,
    Кылымга өчпөйт атыңыз.
    Кыргыз барда, Сиз барсыз,
    Чынгызым, алтын башыңыз!

    Төрөгүн эне, төрөгүн эне,
    Төрөгүн уулду Чыңгыздай.
    Жарыгын чачып Ааламга,
    Жанып бир турсун Жылдыздай!
    10- май. 2008 – жыл.
    (1928-ж. 12.12.)

    КЕЛ, НООРУЗУМ!

    Жаз келди, жаңырган жыл айланып,
    Нооруз келди, аппак жоолук байланып.
    Кыргызымда дайым болуп ынтымак,
    Кыргызыма, Кут консун! – дейм, айланып!

    Кел, Ноорузум, шашып кел,
    Улуу тоону ашып кел.
    Элим күтөт ар жазда, (Кайырма)
    Молчулукту катып кел!

    Кыргыз эли эзелтеден бейпил эл,
    Улуу Теңир өзү бизди корусун.
    Дасторкондо кенен болсун наныбыз,
    Токчулуктун ыры сенсиң, Ноорузум!

    Кел, Ноорузум, күлүп кел,
    Желдей сызып жүрүп кел.
    Кыргызымдын жашоосуна, (Кайырма)
    Бүт бакытты сүрүп кел!

    Бийлеп сага, шаңдуу обон созоюн,
    Жүрөгүмдөн зор кубаныч кошомун.
    Бүгүн эмес, эртең эмес, ар качан,
    Ноорузумду кучак жайып тосомун.

    Кел, Ноорузум, шашып кел,
    Улуу тоону ашып кел.
    Элим күтөт ар жазда, (Кайырма)
    Молчулукту катып кел!
    11 – март. 2009 – жыл.
    АЯЛДАМАДА ЖАТКАН АЯЛ

    Жерге оонап,
    Өз денесин кармай албай.
    Жатты аял,
    Турган элди алдай албай.
    Калп ырсайып,
    Күлүп койду ары жогум.
    – Тартып койчу?!
    Жаш жигитке сунду колун.

    Чыйт түкүрө,
    Басып кетти акырайып.
    А, тигиним,
    Деле болбойт бакырайып.
    Карап турду,
    Бири дагы кол сунбады.
    – Тургузуп кой!
    Кары киши көз ымдады.

    Жийиркенип,
    Карап турду тигил эркек.
    Араң сунду,
    Ичинен сени жектеп.
    Тегеректеп,
    Үн катпастан тургандар.
    Баары кыргыз,
    Оо, ары жок ургандар!

    – Кыргыз аял экен ээ?
    Энесине шыбырады турган кыз.
    – Куруп кетсин, кыргыз экен.
    Капталдан бирөө күңк этти,
    – Үй – бүлөсү бар болду бекен?
    Кары эне заманасы зар болду,
    Кенен дүйнө ушул кезде тар болду.
    Кеп келтирип асыл аял затына,
    Качан эле тентигендер болду эле.
    Жийиркенип карагандар калбады,
    Бирок даап бири жакын барбады.
    Оонап жатты тигил аял чочкодой…
    -Арактын иши! Арактын иши!
    Аны ичкен кишиде ар барбы.
    Өйдө жат де!
    Жердин суугу өтпөйбү…
    Бир жекире тиктеди эне суз.
    Жакасын кармай,
    Баш чайкады,
    Башы жок тигил аялга.
    – Үйдүн Куту,
    Оо, Жараткан, аял да!
    – Мени эмне тиктейсиңер?!
    Шилекейи чууруп,
    Аял жатты аялдамада…
    13 – март. 2009 – жыл.

    ЭСТЕБЕС АГАМА
    (СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевге)

    Калкым деп төккөн термени,
    Кадыры элең элимдин.
    Карааның нардай көрүнгөн,
    Сыймыгы элең жеримдин.
    Олтурган эле жериңден,
    Оозуңдан ырың төгүлгөн.
    Айтылуу сенин өрнөгүң,
    Атасы элең төкмөнүн.
    Таң атканча төксөң да,
    Танган элди көрбөдүм.
    Томсортуп бизди кетсең да,
    Эстеке,
    Эмгегиң менен өлбөйсүң!

    Ыр чыккан жерде Сизди айтам,
    Ырчынын Пири! – деп, айтам.
    Таң калтырган дабанды,
    Таң булбулу –деп айтам.
    Өзүңө окшош чыкканча,
    Өзүңдөн башка кимди айтам.
    Кетсең да элден алыстап…
    Ырларың бизден кетпеди.
    Кылымга устун тургуздуң,
    Кыр Ааламды беттеди.
    Кыргыз деген – Менмин! –деп,
    Чачырап турат Жылдызың.
    Көз жоосун алат көргөндүн,
    Башыңда топу кундузуң.
    Кылымдар өлбөс акыным,
    Кылымга устун тургуздуң!
    5 – май. 2009 – жыл.

    ТИЛЕК ЫРЫ
    (Атам Сейитбек менен апам Анашка арнайм)

    Бала элек кулун – тайдай секирген,
    Оо, балалык далай ката кетирген.
    Али деле, бала бойдон жүрөмүн,
    Эркелетсе, атам менен энекем.

    Сездик эми, тарткан түмөн түйшүгүн,
    Алдейлеген атам менен энемдин.
    Бул дүйнөдө эч нерсеге теңдешсиз,
    Алтын энем, Ай – Ааламга теңедим.

    Кем болбогун бул жашоодо балам! – деп,
    Далай алгам, атакемдин батасын,
    Баарыбызга эсендикти Теңирден,
    Билем эне, сен да тилеп жатасың.

    Кантип айтпайм, бердиң болгон күчүңдү,
    Күн өтөт деп, күндөн сактап жүзүмдү.
    Түн уйкудан далай калып эмизген,
    Алтын Энем, кантип актайм сүтүңдү?!

    Атам – энем менин бүтпөс ырларым,
    Силер менен ачам жашоо сырларын.
    Жүрүп турган бүт денемдин канындай,
    Силер барда, сезем жашоо жыргалын.

    Аскар – Зоодой, менин алтын атакем!
    Тирегимсиң, сен барыңа кубанам.
    Тирүүчүлүк көрсөтпө! – деп, өксүүнү…
    Теңиримден күндө тилеп, суранам.

    Балалыктан кетет күнөө байкабай,
    Кечиргин дейм, кетирсем мен катаны.
    Айдайым! – деп, эркелеткен асылым,
    Аскам болгон атам берсин батаны.

    Аппак жүзүң Айга да тең, Күнгө тең,
    Мен таппасмын бул Ааламдан сендей кең.
    Жаман жээниң кем болбосун жашоодо…
    Ак батасын берип койсун, энекем!

    Жаш ылгабай, жашыңа да, карыңа,
    Ушул бата тийсе деймин баарыңа.
    Шагы ийилип бышып турган жемиштей,
    Балдар ойноп, күлкү чыгып багымда.

    Алган элем далай бата карыдан,
    Эми сурайм, ак батаны баарыңдан.
    Балдар чыксын оттон – суудан коркпогон,
    Жаралгандай жалаң эле жалындан!

    Кыдыр Ата өзү келип бергендей,
    Күүсү келет алган Улуу батанын,
    Тирүүлүктө мындан улук эмне бар?
    Ак батасы, эне менен атанын!!!

    7 – июнь. 2009 – жыл.

    НЕБЕРЕМЕ
    Калыйманым!
    Калкыңдын жүгүн көтөргөн,
    Кыраандардан болсоң дейм.
    Калыстыкты как жарган,
    Чыгаандардан болсоң дейм.
    Зоболосу эң бийик,
    Залкарлардан болсоң дейм.
    Калыйман сулуу кыргызга,
    Канайымдан болсоң дейм!

    Каникейдей энемдин,
    Кайратын берсин деп тилейм.
    Кыз Сайкалдай эжемдин,
    Айбатын берсин деп тилейм!
    Улуу Чынгыз атамдын,
    Урматын берсин деп тилейм.
    Башыңа кетпес бак конуп,
    Барлардан болсоң деп тилейм.
    Журттун жүгүн көтөргөн,
    Жүрөктүү болсоң деп тилейм!!!
    20 – август. 2009 – жыл.

    БИЛБЕЙМ ЖАШОО…

    …Бул кездешүү
    Мурдагыдан башкадай,
    Ойго салды
    Турмуш жолун ачкандай.
    Бирок дагы
    Менде чоочун күмөн ой,
    – Шашпагын! – дейт,
    Даагы кемтик тапкандай.

    Көздөр гана
    Шектүү тиктейт алыстан,
    – Мүмкүн ушул
    Сенин күткөн адамың!
    А, мен турдум
    Жооп таппай суроого,
    Сезденткендей
    Жашоо деген жалганым.

    Ай, жашоо ай!
    Неге салдың күмөнгө?!

    Колун сунуп
    – Кел бери! – деп, турса да,
    Кыйгач бастым
    Кол сунбадым, барбадым.
    Көңүл түшүп
    Күткөндөй болгон жүрөгүм,
    – Кечир мени?..
    Мен өзүмдү алдапмын!

    Сени аяйм,
    Чыным айтсам сыйлаймын.
    Күткөнүм бар,
    Мен да зарлап ыйлаймын.
    Тирүүчүлүк
    Мынча белем тозогуң,
    Бири алыс…
    Жакын жерге сыйбаймын.
    Билбейм жашоо
    Чыны менен жалганбы?
    Адамдардан
    Көңүл мынча калганбы?..
    5 – январь. 2011 – жыл.

    КУСА БОЛУП ЖҮРГӨНДҮР…

    Тозогуңа тоңуп кеттим кусалык,
    Кыял жетет, кол – бут жетпейт тушалып.
    Учурунда жаштык менен кетирген,
    Каталыгым… мууздап барат күч алып.

    Бизди кошкон «Нике – Кайып» каякта?!
    Бирге сүзбөй биз эңсеген кайыкта.
    Жарым, жаным! Баары кетти өзүмдөн.
    Жазалагын! Каалашыңча айыпта!!!

    …Кезигээрбиз, же кезикпей өтөөрбүз,
    Турмак белек, акыр бир күн кетээрбиз.
    Кол жеткирүү баарысына эң кыйын,
    Тилейм сага, чын өмүрдүн чын сыйын.

    … Мүмкүн ал да куса болуп жүргөндүр,
    Ак жеринен наалат угуп күйгөндүр.
    Мен айткандай, ойлонбогон ошол сөз…
    – Оо, дүйнөдөн кезигем! – деп, жүргөндүр.
    5 – январь. 2011 – жыл.
    СЕН КЕТКЕНДЕ…
    (Төкмө акын Майра Керим кызына)
    Кош тулпарың,
    Комуз менен домбра.
    Коштоп өтөөр түбөлүккө өзүңдү…

    Сен чыкканда сахна толо түшчү эле,
    Чынында да сендеги сыр күчтүү эле.
    Айдай толуп, ачылып турган кезде…
    Майра курбум,
    Баарын таштап кеттиң неге?!
    Кайран Майра,
    Эркеси элең кыргыз элдин,
    Булбулу элең,
    Кут түшкөн кыргыз жердин.

    … Эрте өчтүң. Эл кызы көз тийдиби?..
    Каарына бул ооруунун кайдан калдың?!
    Билгенде кетээриңди мынча эрте…
    Кагылам кайран курбум, неге жандың?!

    Жабышкан дарт жанды эзип кыйналдың,
    Кайдан келип, жабышты курган кесел.
    Сыр алдырбай чыдап жүрдүң баарына сен,
    Адам деген шул экен го, келээр… кетээр…

    Тигине,
    – Айтышта эми бизди ким алат? – деп,
    Комузуң күңгүрөнүп… боздоп турат.
    – Майранын үнүн эми укпайбыз! – деп,
    Муңканып домбраңдын үнү чыгат.
    Экөөсү бир сыздашат: – Майражан! – деп,
    Анан да: – Кыйылдыңбы, гүлгүн курак?!
    …..
    Сен кеткенде…
    Жумурай журт, калың кыргыз эл ыйлады.
    Эл гана эмес, бороон боздоп, жер ыйлады.
    Тыптынч жаткан Ыссык – Көл буркан шаркан…
    Таштадыңбы, мени деп, Көл ыйлады!

    Сен кеткенде…
    Майранын үнүн эми укпай калдыкпы? – деп,
    Казак элиң… өскөн жериң… чоң калаалар…
    Ботосунан адашкан Боз ингендей,
    Боздоп турду, боздоп турду боз талаалар…

    Кош Майражан!
    Кош жез таңдай, асыл курбум!!!
    Күлүк элең, баш байгени бербеген,
    Жарк этип бир көрүнүп, кайра өчтүң.
    Кыздардан чыгаар бекен сендей акын…
    Булбулу элең шаңшыган улуу көчтүн!!!
    5 – январь. 2011 – жыл.

    СЕНДЕГИ ТАЛАНТ КЕЛГЕН УЛУУ ТООЛОРДОН
    (Сүрөтчү Шарип Жайлообаевге)

    Сендеги талант,
    Келген улуу тоолордон.

    Этюднигин асынып,
    Иш калды деп ашыгып.
    Театрга келе жатат,
    Сүрөтчү жигит шашылып.

    Театр жүгүн көтөргөн,
    Өз ишинин устасы.
    Өлбөс, өчпөс иш жасоодо,
    Кенжелердин – Устаты!

    Ак – Сай, Арпа мекениң,
    Батасын берип жаткандай.
    Аткарылып тилектер,
    Ар күнү ишке ашкандай.

    Ак чокулуу, Теңир тоо,
    Арасында өскөнүң.
    Бой жеткенде сапар алып,
    Кең борборго көчкөнүң.
    Ийниңден түшпөй этюдник,
    Ийгилигине жеттиң көксөөнүн!

    Театр, кино, көргөзмө,
    Баарына колуң жеткендей.
    Даагы бергин эмгекти,
    Дайра ташып көчкөндөй.
    Анан калат артта издер…
    Улуу Залкар өткөндөй!

    15 – февраль. 2011 – жыл.

    Залкарлар баскан жолдосуң
    (Актриса Авазкан Кудайбердиевага. Ош театры)

    Катып калды сен чыкканда зал ичи…
    Сүрдүү сулуу, сен жаңылык ачтыңбы.
    Басыгыңдан, бой келбетиң келишкен,
    Курманжандын сүрүн сенден таптымбы.

    Бул көргөнүм мурдагыга окшобойт,
    Баары бышып, жетилгендей көрүндү.
    Нечендеген Курманжандын ичинен,
    Бул Курманжан бир башкача бөлүндү.

    Байкашымда башкалардан жакындай…
    Мүмкүн, суудан же абадан болбосун?
    Датка басып өскөн жерлер бул кызга,
    Кантип эле, таасир бербей койбосун.

    АВАЗКАН деп, сенин атың койгондо,
    КУРМАНЖАНдын духу сага келгендей.
    Элдин кызы болсун ушул кызым! – деп,
    Датка энем өзү ак батасын бергендей.

    Сахнанын болуп жылдызы,
    Кыздардын болуп кундузу.
    Көкөлө сахна Периси!
    Кыргыздын сенсиң жылдызы!

    Кол кармашкан жубайың,
    Колдоп сени жүрсө дейм.
    Курманжандай сүрүңдү,
    Көз караштан билсе дейм.

    Токтобек, Дүйшөн, Искендер,
    Назира, Гүлайым, Турганбүбү,
    Надырбек, Марат, Акылбек…
    Залкарлар баскан жолдосуң.
    Намысын бийик көтөрө жүргүн,
    Чоң театрдын Дөөтү колдосун!!!

    27 – март. 2011 – ж.

    Дастан болуп баратат
    (КРнын Эл артисти Назира Мамбетовага)

    Кантип айтпайм, Залкар! – деп, эжекемди,
    Кайран 40-жыл далай кырдан өтүп келди.
    Сыны дагы, “тыңы” да кайрап – кайрап,
    Аягында, – Залкар! – деген атты берди.
    Курманжандай кубатты Теңир берген.
    Кыргыз кызы кубулуп миңди жеңген.
    Көрүп алгын, мына минтип бул күндө,
    Өнөр ээси! Корифей! – деп, чыга келди.

    Ар замандын Залкарларын айта келсек,
    Ар бирине татыктуу баасын берсек.
    Кылым көчүн улаган өнөрлүү көп…
    Кыргызымда аталган – Корифей! – деп.
    Бул эжеме кандай айтсак жарашат,
    Бакен дешип, сугун артып карашат.
    Азыркынын Бакени – Назира эжем,
    Кылымды кууп, дастан болуп баратат.

  4. Айгүл тоодон жаңырган үн
    (КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси,
    Саламат Садыковага)

    Айгүл тоонун,
    Чокусуна тигилип.
    Ай жаңырса,
    Тилек айтып, жүгүнүп.
    Мотурайган,
    Бир кара кыз болчу анда.
    Ким болом? – деп,
    Ой – санаасы бүлүнүп.
    … – Тигил тоонун,
    Ар жагында кимдер бар?
    Кайгысы жок,
    Күлүп жүргөн кимдер ал?..
    Аткан таң мен,
    Баткан күндү караганы…
    Үмүт кылып,
    Жылдыздарды санаганы…
    Мойнун созуп,
    Тээ асманга тигилчү.
    – Эх! Жылдыздарга…
    Шаты болсо ээ?.. – баралчу.
    …..
    Ар күн кечте,
    Кыял бийлеп сезимди.
    Бийик эңсөө,
    Бийик максат бекилди.
    Бул кара кыз,
    Жүрөгүндө оту бар.
    Сөзгө бекем,
    Ой – туюму өтө шар.
    Ооба. Эңсөө күчтүү.
    Асмандагы жылдызга…
    Бир учурда,
    Жетээриндей сезилди.
    …..
    Ар түнү,
    Эл уйкуга жаткан кезде.
    Жымыңдашып,
    Жылдыздар атканкан кезде.
    Сырын төгүп,
    Ааламга жар салчу эле.
    Бул кара кыз,
    Бир аян сезген белем?..
    – Эй, жылдыздар! Мени уккула!
    Мени кара, мен мындамын!
    Ак жылдыз! Чолпон жылдыз!
    Сен асманда, мен жердемин!
    Кут түшкөн,
    Өөрүкзарлуу элденмин!!!
    Карачы айланамды,
    Кара, баарын көрүп ал.
    Бул өөрөндө,
    Мени колдоор элим бар.
    Мен учамын!
    Сени көздөй учамын!
    Канат болчу,
    Кыялдарды өчүрбөй.
    Көңүлдөрдү,
    Аккан селдей көчүрбөй.
    Бийик адам болгум келет!
    Мен эмне кылуум керек?!
    Жылдызда – аа – аа – аар!!!
    …..
    Айтчы, Теңир?!
    Баарын өзуң чечесиң.
    Жаңылышсам,
    Кыя басып кетээрсиң.
    Бир кара кыз,
    Жайып турат алакан.
    Кантип көрбөй,
    Кантип кыйып кетесиң?!..
    Билгим келет,
    Келечекте не күтөт?
    Мен ким болом?
    Максатыма жетемби?!
    Же, муң басып,
    Максаты жок өтөмбү?..
    Жок! Жок! Жок!
    Андай дебе! Ая мени?!
    Мен бир пендең,
    Жаштайымдан муң баскан.
    Күн – түн ыйлап,
    Көз кургабай көз жаштан.
    Саамайымдан,
    Сылап койбой пенделер.
    Көрсө дагы,
    Көрбөгөндөй терс баскан.
    Жаздыгымды,
    Жашка жууган күндөрчү…
    Э – ээ, тагдырым!!! Тагдыр ай!
    Нелер өттү бул баштан?!..
    …..
    Оо, Жараткан!
    Жазыгым кайсы менин?
    Бар жазаңды,
    Көтөрүп келем сенин.
    …..
    Оор үшкүрүк,
    Калтыратат денемди.
    Жетимдик ай!
    Жекирип келем жемеңди!
    Аңдый карайм,
    Атасы бар кыздарды.
    Арсыз күлөм,
    Жүрөгүмдө муз калды.
    Ак жоолукчан,
    Аял өтсө жолумдан.
    Апакелеп…
    Апкемди сагынамын.
    Тагдыр!.. Тагдыр!..
    Тагдыр!!! – деп.
    Тагдыр сага таарынамын.
    Нелер күтөт,
    Кандай күнгө кабыламын?!
    Айтчы, тагдыр?
    Ата – энемден ажыратып…
    Ката электе кабыргам.
    Төрөлсөм не кайыптан.
    Жетим калдым.
    Кай жазыгым бар эле?!
    Кандай жандар,
    Бактылуу өмүр сүрөт?
    Түнгө айтам,
    Сырларымды түмөндөгөн.
    Кечкиң келет,
    Кээ бирде тирүүлүктөн…
    Жаман ойлор,
    Жанды азгырат күмөндөнгөн.
    …..
    Саманчынын жолунан түшүп алып,
    Санаасы жок, алыска кетким келет.
    Көкүрөктү кытыгылайт бийик эңсөө…
    Көзүм жеткен бийиктикке жетким келет!
    Бийик өнөр түбөлүккө жолдош болуп,
    Ай – ааламды кыдырып келсем деймин.
    Кыргызымдын сыймыктуу кызы болуп,
    Тууган жерге атак алып берсем деймин!
    Айгүл тоом! Өөрүкзарлуу Баткеним!
    Мен силерди,
    Ырга айлантып созсом деймин.
    …..
    Желдей учкан убакыттын шары менен,
    … Балалык да, артта калып баратат.
    Кыз балага, жашоодо сын көп тура,
    Бой жетти! – деп, сырдуу көздөр карашат.
    Анысы да, мунусу да алсам дейт,
    Торгой сымал капасына салсам дейт.
    А, кыздагы аалам кезген зор эңсөө…
    Эркин учуп, Ак жылдыздай жансам дейт!
    Анан дагы, баркым билген жан болсо…
    Түбөлүктүү жарың болуп калсам дейт.
    …..
    Тирүүлүктө,
    Биз адамдар айтпайбыз.
    Жакшы иш кылсаң,
    Жакынга да жакпайбыз.
    Аттиң дүйнө,
    Көзү өтүп кеткен соң…
    “Жакшы эле!” – деп,
    Аркасынан мактайбыз.
    Ичи тардык,
    Ириңдеген жарадай.
    Жайлап кирет,
    Жакшысына карабай.
    Көрүп туруп,
    Көрмөксөнгө салганды айт.
    Көздөр кетет,
    Ала чакмак… алаңдай…
    …..
    Ооба, билем.
    Бул бийиктик,
    Жеңилдикке турган жок.
    …..
    Жанашып,
    Чынгыз менен басканың.
    Чыны ал,
    Улуу жолду аттадың.
    Капталдап,
    Канча кырсык кууса да.
    Жалтанып,
    Жабыкпадың, качпадың.
    Улуу талант,
    Улуу жолду басарым.
    Теңир берсин!
    Арыбасын сапарың!!!
    …..
    Теңирге айт, миң алкышты!
    Өөрүкзардын өнөр кызы.
    Бакыт кууп, бакыт баккан,
    Баткенимдин барктуу кызы.
    Эми жаша кайгысы жок өмүрдү,
    Неберелер ачып турсун көңүлдү.
    Эки кызың мөмөлүү бак, эки шаар,
    Айтчы эжеке, бул жашоодо кай арман бар?!
    Алдыңа жылдыздарды төшөп салды,
    Акталды бийик эңсөөң, эмне калды?
    Ак таңдай, Айгүл тоодон жаңырган үн!
    Мына келди, сен күткөн, тилеген күн.
    Айт алкышты, Улуу Эгем Теңирге!!!

    2012 – жыл. 19 – апрель.
    Бишкек шаары.

Leave a Reply to Чынар Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *