Чагылган..

ээ 9БИР КАП АМАНАТ..

1995-жылдар. Ойноок бала кезибиз менен эриш аркак өтүп жаткан каатчылык жылдар. Коммунизмдин чеңгээлинен кутулуп, эми гана өз алдынча тирилик кылууну өздөштүрүп, өздөштүрө албай каржалып турган эл. Бирок балабыз да. Бизге эмне? Эптеп кол бошосо ойюнга чуркамай. Кол бошосо…

Ошол жылдары биздин айылдын жарыгы бат-бат эле өчө берчү болду. Ал тургай бир жылы күч келгенине чыдабай айылдын көмөк чордону жарылып кетти да бир жай жарыксыз калдык. Натыйжада, эптеп-септеп ыйлап-сыктап отуруп өкмөт айылга кошумча, мурдагыдан чоң көмөк чордон койдурду. Так эле айылдын борборунда жайгашкан мектептин короосунун бир бурчунан орун алды ал жарыктык. Бул жер биздин айылдын «үч кошкону» дагы, аялдамасы дагы, мектеби дагы, жада калса почтосу дагы болчу. Баары ушул тегеректе жайгашкан эле. Эми ага жаңы көмөк чордону кошулуп жатып калды.

Бир күнү биз классташ досум экөөбүз ошол борбор тарапка кайдан-жайдан ойноп барып калдык. Барсак айтылган көмөк чордону жаңыдан орнотулуп бүтүп, тегеретеси тосулуп, айланасындагы калган-куткан таштандыларды чогултуп жатышыптыр. Элейген экөөбүзгө алардын кеби кызыктуу көрүндүбү, же көмөк чордон кызык көрүндүбү айтор, тигилердин жанына барып тыңшап туруп калдык. Бирок, алар бизди көп деле тыңшата коюшкан жок. Жашы аталарыбыз менен жашташ кишилер чогулткан таштандыларын жаңы эле бир капка салып бүтүп калышкан экен, экөөбүздү көрүп эле сүйүнүп кетишти. Сүйүнбөй эмне? Жумшап ийип отуруп калганга ырас иттин куйруктары табылбадыбы. Кыңырылганыбызга карабай капты экөөбүзгө карматты да айылдын четиндеги таштанды төгүлчү аңга ыргытып келгиле деп айдап ийишти.

Чоң сары каптын кап ортосунан салынып, оозу зым менен толгонгон таштандыларды ийрелеңдей көтөрүп экөөбүз жөнөп калдык. Албетте, чоңдордун бул кылыгына нааразы болгондон башка аргабыз жок эле. Арасында мектепте иштеген каардуу агайлардын бири таштандыны туура эмес
жерден көрө турган болсо чекебизге, чүкө толгоорун катуу эскерткен болчу. А айылыбыз болсо кичине. Демек, көрүп коюшу толук ыктымал.

Бирок, биздин дагы багыбыз бар экен. Иттин ээси болсо, бөрүнүн Кудайы бар деген чын тура. Биз жаңы гана тигилерден узай бергенибизде борбордон келеткан сары автобус кыштактын этегинен көрүнүп калды. Аны көрүп оюма жарк эткен ой пайда болду да досума сунуш кылдым. Ал дагы бир  жымың этип алып макул болду. Экөөбүз бир заматта иш планын түзүп, ишке кириштик.

Алгач кабыбызды ийрелеңдей көтөрүп он карыш турган аялдамага жеткирип, эл катарында каадалуу кишилердей автобусту күтүп калдык. Айылдын чаңын бурулдата артынан ээрчиткен автобус бир заматта алдыбызга келип токтоду. Эшигин ачып борбордон келгендерди түшүрдү да наркы айылга кетчүлөрдү күтүп туруп калды. Биз тиги капты так эле шоопурдун бут алдына көтөрүп келип жайгаштырдык дагы:

Байке, муну Талды-Сууга ала барыңызчы. Ал жерден Төкөш деген киши тосуп алат. (Төкөш досумдун таятасынын кошунасы экен. Чынында, Төкөш деле эмес, аты башка эле, азыр эстей албай жазып койдум), – дедик. Шоопур бир аз тактамыш болду да, жолун улап жөнөп кетти.

Ал кезде элдин пейили кенен болчу. Борбордон айылдарга бир маал каттаган автобус эл ичиндеги аманаттарды бекер эле ташыыр эле. Натыйжада биздин аманаттан эч ким деле шектекнген жок. Биз болсо, кудуңдап бири-бирибизди нукулашып быкшыган бойдон жолубузду улантып кетип калдык.

Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаарынан.

One thought on “Чагылган..

  1. Ошол кездеги 80, 90 жаштағы чалдардын, жақасын қармап айтышы бойунча; “Ақырзаман” балдарынын жасаар иши болғон тура.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *